Menu

Анушка Шанкар — ситара ханышасы

Анушка Шанкар Чыгыш менен Батыштын музыкасын айкалыштыра жазган Индиянын тирүү легендасы, композитор Рави Шанкардын кызы. Кызы да атасынын жолун улап, музыкант, ситаристка. Анын акыркы жолу чыккан “Traveller” аттуу альбому – Индиянын салттык музыкасын камтыган классиканы, көөдөндөн чыккан фломенко кыймылдарын берет…

Ситаранын гипноздук ыргагына цыганчасынан үн кошкондо адам арбалып калат. Кийгени сари. Чекесинде кызыл бинди. Бирок сүйлөй келсе америкалык. Анушка 1981-жылы июнь айында Лондондо төрөлгөн. Джо Райт аттуу англиялык режиссердун жубайы, бир уулдун апасы. Өзү “мен мурунку стереотиптер менен коштошуп саякатка чыккам. Качан гана калыптанып калган стереотиптерден качканда сүрөткер катарында да, адам катарында да өсөсүң” деп айткандай, ал жаңыны издеген. Анушка “Индиянын классикалык музыкасы мага эң күчтүү эргүүнүн булагын берет. Анткени ал менин тамырым, менин мектебим жана бардык нерсенин өлчөмү. Кээде ошол алган оор жүктөн бошонуп, жаңыча эмоцияны тапкым келчү. Башында жаңычыл иштөөгө психологиялык жактан оор болду. Себеби мени “саткын” деп айтышабы (?) деп корктум. Бирок эми бул музыка да. Атам жазган музыка… Адам чоңоюп ата-энесинен алыс, үйүнөн кеткендей эле, мен дагы бул жактан Индиянын салттуу музыкасы менен ажырашып, өз жолумду тапкым келген. Парадокс мында болду. Канчалык андан өзүм алыстагым келген сайын жан дүйнөм ага кайра жакындап туруп алды” дейт. Америкада төрөлүп тарбияланган, азыр да Америкада байырлаган Анушка Индия музыкасы жөнүндө ушинтип айтат. Азыр Анушканын үйү — Нью-Дели менен Сан-Диего. Анушка Голливуддагы музыкалык индустриядагы эң жогорку сыйлык — “Грэмминин” бир жолку ээси. Ал актриса дагы. Бирок кинодо көбүнчө өзүн-өзү ойнойт. “Танцуй как мужчина” киносунда гана образ жаратканы болбосо, “Джордж үчүн концерт”, атасы Рави Шанкар жөнүндө тартылган “Эки дүйнө ортосунда” тасмаларында өзүн-өзү аткарган. Ошондой эле “Улуу элестер” сериалында да өзүнө кайрылган. 736a6efee1bea3dd3668ceec051b2404

Анушканын аталаш бир тууганы Нора Джонс да Америкада белгилүү ырчы. Ал дагы роял менен гитаранын коштоосунда блюз, джаз ырдаганда эргип угасың. Өзгөчө эки бир туугандын батыш менен чыгыштын салтын бириктирип жазган ырларын уксаң, керемет кечке кабылгандай болосуң…

Эльмира Мадиева

Булак: Де-Факто 

Алгачкы «кыргызча» электровелосипед

Муратбек Султанбековдун кесиби дарыгер, үйүндө бош отурбай ойлоп табуучулук менен да алектенип келет. 46 жаштагы Бишкектин тургуну электр энергиясы менен иштеген велосипедди үй шартында, колунда бар буюмдар менен эле жасап алган.

Жаңы нерселерди ойлоп таап ишке ашыруу баарынын эле колунан келээрин, болгону аракет керек экендигин айткан Султанбеков менен электровелосипдедди кантип жана эмне максатта жасагандыгы тууралуу баарлаштык.

Муратбек мырза, өз кесибиңиз дарыгер экен. А ойлоп табуучулукка, техникага мурдатан эле жакын белеңиз?

Жок, мен мурда мындай талантым бар экендигин билчү да эмесмин. Бул нерсеге кийин гана интернеттен ар түрдүү нерселерди ойлоп тапкан жөнөкөй адамдарды көрүп жатып кызыгуум артты.  Ушундай таланттуу адамдарды эмнеге эч ким билбейт, көңүл бурбайт деп ар дайым ойлончумун. Анан бир чети намыстанып да кеттим. Башкалар жасаган нерселер кыргыздын колунан келбейби деп. Алар менен таанышып, сүйлөшүп баштагандан кийин мен деле жасасам болот экен деп ишке өттүм.

Ал эми электровелосипедди ойлоп табууга эмне түрткү болду?

Негизи эле көп адамдарда ойлоп табуучулук талант бар. Бирок аракет жок болгондуктан ойлогон нерселери ишке ашпай калат. Себеби  биз бул же тигил жактан жардам жок деп отура беребиз. Өзүбүз аракет кылбасак, өлкөбүз эч качан өнүкпөстүгүн билбейбиз. Анан мен көргөн нерселериме шыктанып эле олтуруп калбастан иш жүзүнө ашырайын деп чечтим. Негизи бир нерсени ойлоп табуу оңой эле, бирок эң башкысы ошой нерсени жасай билүү. Мен велосипедди жасап жатып, ушул нерсени жакшы түшүндүм.  Анткени кагаз жүзүндө аябай сонун велосипеддердин идеясы келчү. Ошондуктан башкаларга бир аз да болсо үлгү болоюн деп чечтим. Бирөөдөн жардам күтпөй эле бардык нерсени керектүү шарттардын ичинде өзүң жасай алганга мүмкүн экендигин көрсөткүм келди. Менин максатым элге таанылуу же дүйнөнү кыдырып рекорд коюу эмес. Айрыкча жаш балдар мени көрүп убактысын бошко кетирбей, пайдалуу иштерди жасоого умтулса деген тилек.

Бул велосипедди кантип, эмнелерди колдонуп жасадыңыз?

img_4411

Электровелосипедди жасоодогу башкы максатым, карапайым калктын шартына, чөнтөгүнө туура келген буюмдарды колдонуп жасоо болчу. Ошондуктан колдо бар, табууга оңой жана арзан буюмдарды колдондум. Мисалы, «Москвичтин» рессораларын базардан эле таптым. Бир велосипед үчүн бешөө керек болсо, баары биригип эки миң сомду түздү. Булар биринчиден жеңил жана ичке. Эң негизги аспаптары — бул мотор жана батареясы. Мотор Хорватиядан келген стандарттык мотор. Ал жерде Кытайда жасалган моторлорду Европага ыңгайлаштырып жасашат экен. Мунун колдонулганы 450, жаңысы 700 доллардын тегерегинде. Ал эми батареяны кантип жасоону билбегендиктен электронщиктерге атайын буйрутма бергем. Бул 220 вольттук батареялар 2 сааттын ичинде толуп,120 км.ге чейин жүрө алат. Арткы эки дөңгөлөгү атайын тоо-ташка ыңгайлуу болгондуктан  7 миң сом. Бирок шаар ичинде айдайм дегендер арзанын  эле тапса болот. Ал эми калган майда аспаптардын көбү 500 сомго да жетпейт.

Өзгөчөлүктөрү эмнеде?

Электр энергиясы менен жүргөндөн сырткары, ийилчээк рессоралар колдонулгандыктан тоо-ташта жүрүүгө ыңгайлуу. Себеби аңтарылып кетүү коркунучу жок. Ошондой эле коркунучтуу бурулуштарда да оңой бурулат. 150-200 кг  жүк көтөрүп, оңой менен сынып калбайт. Ошондой эле булл нерсени дагы өнүктүрүп, спорттук, жүк ташуучу түрлөрүн жасаса болот.

Жасоо оңой эле болдубу? Айтайын дегеним жөнөкөй адамдар да үй шартында жасаса болобу?

Албетте, каалаган бардык эле адамдар жасай алат. Мен өзүм догдур болуп, инженер-конструкторлуктан эч түшүнүгүм жок болгондугуна карабастан жасай алдым. Бир аз аракет болсо эле жетиштүү. Мисалы, мен болушунча кыска убакыттын ичинде жана профессионалдардан жардам албай жасайм деп өзүмө убада берген элем. Ошон үчүн баштан-аяк жалаң гана жөнөкөй адамдар менен иштедим. Эң чоң жардамчым кичинекей уулум болду. Себеби  завод-фабрикаларга же атайын адистерге акча берип жасатып коюу оңой эле. Ал бардыгынын колунан келет. Бул велосипедди жасоодо эч кандай чийимдер, жада калса сызгыч да колдонгон эмесмин. Баарын көз ченем менен жасагам. Жөнөкөй уста, ширетүүчү, электриктер менен иштештим.

Шаар ичинде колдонууга ыңгайлуу элеби жана табылгаңызды элге жайылтайын деген оюңуз барбы?

Шаар ичинде колдонгонго абдан ыңгайлуу. Биринчиден экологоияга эч кандай зыян келтирбейт. Саатына 80 км ылдамдыкта жүрө алат. Үйдөн эле энергиясын толтуруп айдап жүрө берсе болот. Ошондой эле коомдук жана социалдык кызматкерлер жумушун аткаруу үчүн колдоно алат. Мисалы, почточулар, участкалык милициялар, коммуналдык текшерүүчүлөр. Бул буюмду паттентеп алгым да келбейт. Менден кыргыз элине белек болсо, дагы көбүрөөк адамдар колдоно баштаса, мен үчүн чоң жетишкендик.

Элге көбүрөөк таанытуу  үчүн кандай иш-чара өткөрөйүн деп жатасыз?img_4419

Эң биринчи жана башкы максатым — электровелосипед менен июнь айында коңшулаш өлкөлөрдү кыдыруу. Бишкек — Алматы- Астана — Минск — Ереван — Москвага сапар тартайын деп турам. Ага чейин өлкөбүздүн бир катар областтарын кыдырып, ал жерлерден да кызыккан адамдарды топтоп, аларга жардам берүүнү ойлонуп жатам. Себеби бизде таланттуу адамдар көп, болгону аларды ойготуп, жол таап берүү керек. Ошондой эле жакында электровелосипеддин ачылышын жасайм. Ал жерге бардык каалоочулар келип, муну жасоодо мага жардам берген адамдар менен тааныша алышат. Каалагандар мага келсе, үй шартында жасоонун шарттарын ийне-жибине чейин колумдан келишинче үйрөтөм.

Коңшулаш өлкөлөрдү кыдырууга техникалык жана каражат жагынан даярсызбы?

Техникалык тараптан даярмын. Болгону велосипедди сырдап, кооздук берип гана коюу керек. Жол бою жанымда 5-6 кошумча батареялар болот. Казакстандык шамалдан энергия алуучу генератор ойлоп тапкан бирөө менен танышкам. Ал мага аппаратын жөнөткөн. Мени ошол энергия берүүчү генераторду сүйрөп бир унаа коштоп жүрөт. Энергиясы түгөнгөн батареяларды улам алмаштырып турабыз. Ал эми каражат жагынан азыр демөөрчүлөрдү издөөдөмүн. Себеби мен жаныма журналист, фотограф, блоггерлерди алууну пландап жатам. Максатым — барган өлкөлөрүбүз тууралуу кыргыз элине маалымат берүү жана аларга Кыргызстанды таанытуу. Ошондой эле каалоочулар болсо кошумча электромобилдерди жасап, тайпа болуп чыгып кетебиз. Алардын тамак-ашы, жаткан жерине акча керек. Себеби 60 күн жолдо жүрөбүз. Бирок демөөрчүлөр табылбай калса, жалгыз өзүм чыга берем. Себеби мага электр энергиясы болсо, ошол эле жетишет.

Кызыгып сизге кайрылгандар болуп жатабы?

Мен ар бир жаңылыгымды интернетке бөлүшүп турам. Ал жерден көрүп айрыкча Казакстан жана Орусиядан көп кайрылышат. Арасында жардам сураганы же мага кеңеш бергендери бар. Алардын ичинен аз убакытка болсо да сапарга чыканымда мага кошула тургандар бар. Шаар ичинде айдап калсам, ар дайым айланамды ондогон адамдар тороп, аябай кызыгышат. Минип, байкап көрүп, баары эле жасоонун оңой экендигине ынанып калышат.

Азат Акаев

Булак: Де-Факто 

Ош облустук казыяты волейбол боюнча 4-жолку кубоктун ээси болуп, 2016-жылдын супер чемпиону аталды

Бул боюнча аталган казыяттын машыктыруучусу Акжол Бакиров билдирди. Билдирүүгө ылайык 15-16-октябрда Баткен шаарында “Тарых жана маданият” жылына карата Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына караштуу түштүк аймактык казыяттар арасында “Спорт ынтымакты, биримдикти бекемдейт жана спорт экстремизм, терроризмге каршы” аталышындагы спорттук мелдештин жыйынтыктоочу туру болуп өттү.

Мелдеште Жалал-Абад, Ош, Баткен облусунун жана Ош шаарынын казыяттарынын командалары күч сынашты. Жыйынтыктоочу турда волейбол оюну боюнча мелдеште Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев баштаган Ош облустук казыяты 1-орунду, Жалал-Абад облустук казыяты 2-орунду, Баткен облустук казыяты 3-орунду, Ош шаардык казыяты 4-орунду камсыз кылды. Аталган мелдеш жыл ичинде квартал сайын айлампа түрүндө жалпысы 4 жолу өткөрүлгөн.  Ал эми Ош облустук казыяты волейбол боюнча 24 беттеш өткөрүп, бардык оюндарда атаандаштарын абсалюттук түрдө жеңип 48 упай топтогон жана 4 жеңиш кубогун утуп алуу менен 2016-жылдын Супер чемпиону наамына ээ болду.

Эскерте кетсек, Ош облустук казыяты алдыда дин кызматкерлери арасында өтүүчү Республикалык чемпионаттарга чыгуу боюнча даярдыктарды көрүшүүдө.

Тазабек Икрамов, ЖК депутаты: Биздин өкмөт мигранттарга өтө көңүлкош мамиле кылып келет

Учкай маек:

Тазабек мырза, учурунда сиз дагы мигрант болуп, бул турмушту жонтериңиз менен сезгенсиз. Учурдагы мамлекетибиздин мигранттарга болгон мамилеси кандай?

Кыргызда «жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу»  деген сөз бар. Анын сыңарындай, биздин жарандарбыз жыргаганынан мигрант болуп чет өлкөдө жүргөн жок. Айла жоктон, үй-бүлөсүн багуу аракетинен улам турмуш агымы менен чет өлкөлөп кетип жатканы бүгүнкү күндүн ачуу чындыгы. Биздин өкмөт мигранттарга өтө көңүлкош мамиле кылып келет, мындай мамиле бүгүн да уланууда. Буга мисал, мына август айынын аяк ченининде Москвада иштеп жүргөн мигрант кыздар кырсыкка кабылып, ал тилсиз жоо 17 кызыбыздын өмүрүн алып кетти. Мамлекет тарабынан көңүл бурулуп, күнөөлүүлөр табылып, жазага тартылып жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөнүп берилиш керек болчу. Тилекке каршы, ал кырсыкка мыйзам чегинде баа берилип, мигранттарыбыздын укугун коргой алган жокпуз. Зар какшап ыйлаган ата-энелер, энесин жоктоп ыйлаган наристелер көз жашын көлдөтүп олтуруп калышты. Кыргызстандын Москвадагы элчилиги иш алып баргандай түр көргөздү, бирок ынанымдуу жыйынтык чыгара алышкан жок.

Бажы биримдигине кирүү менен экономикабыз өсүпнүгүүгө багыт алат деп айтышты эле. Бирок чеке жылытаарлык жылыш байкалбайт го?

Туура баамдагансыз.  Бажы биримдигине мүчө болуп киргенибизге бир жылдан ашык убакыт өттү. Бирок экономикабыз өсүп-өнүгүүгө багыт алгандын ордуна кайра артка кетип жатат. Мындан улам бир суроо туулат: биз даярдыгы жок эле мүчө болуп кирип алганбызбы? Себеби биздин дыйкандар айыл чарба  продукцияларын сыртка чыгарууга кандай аракет кылбасын, талапка жооп бере турган лабораториядан өткөн жок деген шылтоо менен киргизбей жатышат. Бир сөз менен айтканда Бажы биримдигине кирүү алдындагы айтылган сөздөр аткарылган жок. Жыйынтыгында эл зыян тартууда. Биз ушул жагын эске алып, убакытты өткөрбөй дыйкандарыбыздын өндүргөн продукцияларын сыртка чыгарып, кымбат баада сатууга аракет кылбасак болбойт. Биримдикке кирип жатканда биздин ошол кездеги өкмөт башчыбыз 170 миллион эли бар базарга жол ачылды деп төш какты эле. Кана эми ошол 170 миллион эли бар базар? Биздин дыйкандар ал базарга кире албай жатат го…

Нургазы Айтмырзаев

Булак: Де-Факто 

Патрулдук милициядан сак болгулачы айланайындар...

МАИ менен ППСти бириктирген патрулдук милициядан жыйынтык болбой калды. Алар элди тоногонго өтүштү. Бир эле жагдайды айтып берели. 12-октябрда түнкү саат: 23:00 чамасында К.Көлбаев атындагы Төө-Ашуудагы туннелдин Бишкекти көздөй кире беришиндеги дааратканада бир жаш кыз жашынып отурган экен. Анан ал бизден жардам сурап калды, «мага телефон бергилечи, мени ала качып баратышат, телефонумду жерге чаап таштады» – деп. Биз дароо жардам берүүгө ашыктык. Сыртта эңгезердей болгон төрт-беш бала кайтарып турган экен тигил кызды. Бир маалда даараткананын ичине кирип барып кызды сүйрөп чыгышты. Биз ал балдар менен тытышып жатып кызды бөлүп кеттик. Милицияны чакыруусун туннелдин жанындагы буткада күзөттө турган кишиден сурандык. Ал чакырды. Анан бир патрулдук милициянын машинеси келип, ичинен үч милиция кызматкери түшүп тигил балдар менен сүйлөшүп калышты. Биз шашылыш кетип бара жатканыбыздан улам милицияларга ишти тапшырып, анан жыйынтыгын айтып коюусун суранып кетип калган элек. Эң эле өкүнүчтүүсү ошол кылмыш иши эч кайсы жерде каттоодон өтпөптүр. Тигил патрулдук милиция ал ишти эмне кылганы белгисиз. ИИМдин бул боюнча маалыматы жок экен. Пресс кызматы бул иш иликтөөгө алынганын, ички коопсуздук кызматы текшерип баштаганын кабарлады. Биздин айтаарыбыз кылмыш жасагандардан айырмасы жок кылмыш жашырган патрулдук милициядан сак болгула айланайындар. Кашкар Жунушалиев бул боюнча катуу чара көрөт деп ишенебиз. Кийинки санда кененирээк кабардар кылмакчыбыз.

Булак: Ачык саясат 

Мелис братты олимпиадага эле жиберсек болмок

РИОго спорттук Олимпиадалык оюндарга саны бар сапаты жок спортчуларды жибергиче экс-ИИМ министри Мелис Турганбаевди эле жиберсек болмок экен таңгөрү. Мамлекеттин акчасына машыгып алышып олимпиадага барган бир да спортчу Кыргыздын желегин желбирете алган жок. Изат Артыков болсо допинг ичти болуп өлкөнү уятка калтырды. Мелис Турганбаев агабыз болсо Польшада өткөн ардагерлер арасында дүйнө чемпионатында коло медалын утуп, кыргыздарды кубантты. Мындан улам ойлоп калдык, Олимпиадага Мелис байкени эле жибергенибизде болмок экен депчи. Жеңиш кут болсун Мелис байке!

Булак: Ачык саясат 

Эрегиш эпкини: мунаса табылабы?

Өлкөдөгү эки саясий лидердин эрегишинен чыккан компроматтар согушу бул жумада дагы уланып, жаңы баскычка чыкты. Өзүнө карата айыптоолорго жооп берген Текебаев президент жана анын тегерегиндегилер тууралуу чуулгандуу жаңы фактылар бар экенин айтып теминүүдө. Бул арада жаатташкан эки тарапты ымалага келтирүү боюнча да сөз жүрө баштады.

Эрегишкен эки лидер: президент Алмазбек Атамбаев менен “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди ымала таап, ынтымакка келүүгө биринчи болуп “легендарлуу парламенттин” төрагасы Медеткан Шеримкулов аксакал чакырык таштады. Жума башында Жогорку Кеңеште өткөн «Референдум жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууда сөз алган Шеримкулов эки таасирдүү саясатчынын тиреши өлкөгө эч кандай пайда алып келбесин айтты. Бирок тараптар азырынча бул аксакалдын кеңешин угуп, жыйынтык чыгарганы байкалбайт.

Президент Алмазбек Атамбаев Текебаевдин дооматтарына үн катпаганы менен шейшембиде өткөн мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде кечиримдүү, кең пейил болууга чакырып, бири-бирин чукулоонун кесепети боюнча сөз кылды. Кимдир бирөөнүн аты аталбай, жалпы жонунан айтылган бул сөз канткен менен кимдерге багытталганын баары эле аңдай бербесе да кырдаалга абай салып тургандар илгиртпей түшүндү окшойт. А түгүл президенттин сөзүндө мунасага ыктаган маанай байкалып тургандай. Бул Атамбаев менен Текебаев жарашуусу ыктымалдыгы тууралуу кеп-сөздү да күчөттү.

Бирок Өмүрбек Текебаев журналисттерге азыр башкы саясий оппонентине айланган Атамбаев экөөнүн ортосундагы саясий чыңалууну басаңдатуу мүмкүн экенин, бирок мунаса табылбай турган маселелер да бардыгын айтып чыкты. Ал албетте, конституциялык реформага, президенттин Убактылуу өкмөттүн тарыхый миссиясына берген баасына байланыштуу маселелер. Текебаев ошондой эле президентти айланчыктаган айрым адамдар менен бийликчил маалымат каражаттары чыңалууну басаңдаткандын ордуна отко май чачып жатат деп эсептейт.

Ошол эле учурда президент өзү, же администрациясы Текебаевдин соңку айыптоолору боюнча үн катпай турат. Мындай тунжуроо Текебаевдин пайдасы үчүн иштөөдө. Анын үстүнө Өмүрбек Текебаев акыркы маалымат жыйынында колунда Алмазбек Атамбаев жана анын тегерегиндегилер тууралуу башка да чуулгандуу фактылар бар экенин, аны кийинки маалымат жыйынында айтып чыгарын кыйытты.

Ошентип конституциялык реформадан башталган талаш такыр башка нукка бурулуп, эки топтун эрегишине айланып кетти. Айрым серепчилер мындай учурда алгач президент тарап демилге көтөрүп, тил табышууга ишара кылса, мүмкүнчүлүк издесе, аны экинчи тарап деле четке какпастыгын айтууда. Бирок мындай демилге алгач кимден чыгарын жана ал кандай натыйжа алып келээрин азырынча боолгоп болбойт.

Шамил Эрболов

Булак: Де-Факто

Кытайдан алган карыздар Кыргызстандын түбүнө жетпейби?

Ондогон азаматтардын өмүрүн жалмаган төңкөрүштүн акыбети кайтпай, кыргыздын шору шорподой кайнап, азабы андан бетер артылып турган кез. Алардын миңин айтпай, бирине токтолсок, өлкөбүздүн сырткы карызы күн санап өсүп, ооз толтурган суммасы ай-асманды чапчып баратат. Тактап айтсак, быйылкы жылдын эсеп-кысабы боюнча биздин мойнубузга илинген олчойгон карыздын көлөмү 4,5 миллиард доллардан ашып, ички дүң өндүрүмдүн жарымына чейин жетти. Бул көйгөй жакынкы жылдары мамлекеттин экономикасында эң чоң катастрофалык абалды түзүшү ыктымал, бул биринчиси.

Экинчиси, биздин мамлекеттин Кытайга болгон карызы 2 миллиард долларга жакындады. Каржы министринин сөзү менен так белгилесек, Кыргызстандын Кытай өлкөсүнө болгон карызы 1 миллиард 800 миллион доллардан ашыптыр. Албетте, бул олчойгон сумманы жыйырма беш жылдан бери “Ак терек жана көк терек” оюну менен мамлекетти алмак-салмак башкарган жетекчилер алып, карызды жалпы кыргыздын мойнуна илип коюшту. Мындан элибиз качан жана кантип кутулаары азырынча белгисиз. Айтор, кендири кесилип турган чак.

Кызыгы, эларалык “S&P Global Ratings” аттуу рейтинг агенствосу кытай банктарындагы капиталындын “тешигин” эсептеп, көлөмү 1,7 триллион долларга жеткенин жазып чыкты. Сөздү кыскарта чаап, ток этээрин айтканда, бизге кайырмак таштап, чоң карызга батырып жаткан Кытай банктарынын абалы өтө эле чатак. Жакынкы эки, үч жылдын аралыгында толугу менен кризиске батып, карызды такыр кайтара албай калган чекке жеткени турат, муну эларалык уюмдар ачык билдирди. Демек, эбегейсиз экономикалык катастрофа “дүрт” этсе, анын залакасы түздөн түз бизге дагы тиет, анткени, 1,8 миллиард доллар карызды кытайдын банктарынан алганбыз.

Эми кептин жыйынтыгына келсек, ар бир инсандын башына: “Бул кытайлар өздөрү карыз болсо, анан эмне себептен бизге чоң суммаларды берип жатат” деген өтө кооптуу суроо туулат. Албетте, анын жандырмагы азыр кытайларга гана маалым. Биздин чочулаганыбыз, айла-амал менен берилген карыздын куну эртең Чубактыкындай чубалып, кесепети кыргыз мамлекетинин пайдубалына сокку болуп тийбейби?

Каганат

Булак: Ачык саясат 

Айнур Бердикулова, кыл кыякчы: «Кыл кыяк сыйкырдуу аспап»

Жакында балким эгемендүү мамлекетибиздин тарыхында алгачкы жолу белгилүү кыл кыякчы Айнур Бердикулованын «Кыл кыяктын жан сыры» аттуу чоң кечеси болот. Албетте кийинки акыркы он жылдыкта улуттук аспаптар эмнегедир унутта калгансып бардыгы эстраданы кана үндөгөндөй. Айнур ушул сырдуу жана сындуу, мукам үндүү кыл кыяктын салтын улоочу, үнүн дүйнө жүзүнө таанытып, күүлөрүн шаңшытып келе жаткан инсан. Алдыдагы боло турган кечеси жана келечектеги ойлору менен таанышып чыктык.

– Айнур, кыл кыякта ойногонуңа канча болду? Бул аспап сени эмнеси менен кызыктырды?

– Мен кичинекей кезимен бери Мукаш Абдраев атындагы атайын музыкалык мектептен кыл кыяк классын кызыл аттестат менен бүтүргөн соң, Улуттук Консерваторияны дагы дал ушул аспапты окуу боюнча кызыл диплом менен бүтүргөм. Бул аспап мени өзүнүн сыйкырдуу добушу менен тартып алды.

– Алдыдагы боло турган концертиң тууралуу айта кетсең?

– Буюрса 19-октябрда , “Кыл кыяктын жан сыры” аттуу биринчи тушоо кесүү концертимди бергени турам. Концертимде кыргыз элибизге аттын кашкасындай таанымал, эл артисттери жана мыкты аспачы, ырчылар катышат. Концертимдин режиссёру Ырыс Окенова. Ошондой эле концертиме алыскы Монголия өлкөсүнөн жетиген аспапта жана монгол аспабы хуучерде ойногон музыканттар дагы катышат. Абдан толкундануу менен даярданып жаткан учурубуз.

– Кыргыз эмнеси менен улук,
сенин оюңча? 

– Абдан жакшы суроо экен. Албетте кыргыз өзүнүн каада салты, санжырасы, тарыхы, маданияты жана наркы менен улук! Мен сыймыктанам кыргыз болуп туулуп жана кыргыздын аспабын эл журтка тартуулап жатканыма!

– Сен көп өлкөнү кыдырып, кыл кыякты таанытып анын артынан кыргыз деген атты дагы таанытып жатасың. Чет элдиктер менен кыргыз угармандарынын айырмасы барбы?

– Туура айтасыз, кыл кыягым менен көптөгөн чет жака дагы өнөрүмдү тартуулап жүрөм, албетте кызыккандар абдан көп. Чет жактагылар абдан сыйлашып атайы кыяктын үнүн угуш учун чакыруулар дагы көп эсе. Салыштырмалуу айтсам чет элдиктер абдан кызыгышат, жөн койсоң күнү-түнү деле ойнотуп отура беришет. Ал эми бизде болсо кызыгуу эми башталды. Себеби, жаңыдан фольклор багытына эми көнүп, жакшы баалап келүүдө.

– Бул аспапта ойноону өркүндөтүү үчүн дагы эмне кылуу керек? Балким шакирттериң бардыр?

– Кыл кыяк аспабын ойноп элдин алдына алып чыгуу абдан көп эмгектерди талап кылат. Жөн эле ноталарды баскылап ойной бербестен күүнүн ыргагында күүлөнүп, ошол чыгармага бүтүндөй кирип кетиш керек. Качан гана күүнү сезгенде гана ал күүнү элдин алдына алып чыгууга мүмкүн. Ал эми шакирттерим азыркы кезде жок, бирок келечекте шакирт тарбиялоого даярмын.

– Кыл кыягыңдын өзгөчөлүгү эмнеде?

– Кыл кыяк тууралуу айтсам, ушул кылымга чейин кыл кыякта жалаң эркек киши гана тартып келген экен. Айтылуу музыкавед Балбай Алагушев атабыз антологиясында мен тууралуу 21-кылымда, кыздардан чыккан биринчи кыл кыякчы деп жазган. Бул аспап менен көптөгөн ооруларды айыктырып, төрөбөгөн аялдарды дарылашчу экен. Балким кыяктын сыйкырдуу добушу ушунда. Канчалык кыяк күүсүн тартсам ошончолук мени өз дүйнөсүнө тартып келет.

Назира Бегим

Булак: Асман плюс

Өмүрбек Текебаев: “Атамбаевди актайм дегендер аксатууда”

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев дагы бир маалымат жыйынын өткөрүп, өзүнө жана маркум иниси Асылбек Текебаевге карата айтылган соңку айыптоолорго пикирин билдирди.

Отунбаеванын юбкасына жашынып…

Акыркы кезде президент тарабынан жасалган билдирүүлөр мени пресс-конференция аркылуу жооп берүүгө жана ал жерде айтылган маалыматтарга тактоо киргизүүгө аргасыз кылды. Президенттин аппараты Кадыржан Батыров менен Алмаз Атамбаевдин жападан жалгыз жолугушуусу  2010-жылы  Роза Отунбаеванын өтүнүчү менен болгон деген билдирүүсүн таратты. Бул билдирүүдө президенттин аппараты Атамбаев Батыров менен жолукканын  тастыктады.  Жолугушууда өзбек улутундагы жарандарды мамлекеттик кызматка тартуу   маселеси, парламенттик шайлоо тууралуу Кадыржан Батыров жетектеген “Ватан”  партиясы  шайлоого өзүнчө катышпастан тиги же бул партиянын курамында  катышыш керек деген сөз болгондугун айтышты. 2010-жылы  Форумдун имаратында  өзбек диаспораларынын лидерлери  келип жолугуп,  “Ватан” партиясы менен КСДП партиясы бирдиктүү шайлоого чогуу барат деп чечим чыгарат деп тастыктап жатат. Ошол кезде убактылуу өкмөттүн жигит мүчөлөрү  көп татаал маселелерде УӨнүн башчысы Роза Отунбаеванын юбкасына жашынып, Роза Исаковна жоопкерчиликти өзүнө алып келген.  Алмаз Атамбаев дагы ошол адатына салып “Кадыржан Батыров менен Отунбаеванын сунушу менен жолуктум” деп айтып атат.  Бул жалган. Роза Исаковна андай сунуш берген эмес.

Иним Асылбек жөнүндө 

КТРК менин иним Асылбек Текебаевди  Кадыржан Батыров өткөргөн митингде сүйлөп жаткан  сүрөтүн көргөздү, менимче президенттин аппараты дагы ошол сүрөттү айтып жатат.  Ал сүрөттүн тарыхын айтып берейин, ал апрель айында тартылган сүрөт.  Бир убакта убактылуу өкмөт Атамбаевдин түштүккө жашыруун учуп кеткендигин билбей калдык. Ал Баткенге, Ошко барып өзүнүн тарапкерлери менен жолуккан. Ошо жерде Жалал-Абадда да тынч болбой атат, мындан кийин барчу жерим Жалал-Абад деп айтып, жолугушууну жабат. Бирок кайсы бир себептер менен Жалал-Абадга кирбей, Бишкекке түз учуп кетет. Бул боюнча “Азаттыкта” сакталып калган материалдар бар. Мага ошол күндөрү иним телефон чалды: “Атамбаев түштүккө келиптир, Жалал-Абадга дагы келет экен”,- деп.  А биз анын Жалал-Абадга барарын билген эмеспиз.  Иниме кайра телефон чалып: “Сен кайдан уктуң?”- десем: “Кадыржан Батыровго айтыптыр. Мени тосуп ал, сенден  башка ишене турган күч жок, элиңди жыйна деп”,- деди. Ал өз университетинин короосуна элди жыйнап, Атамбаевди келет деп күтүп турган экен.  Мен: “Ал барса, жаңжал чыгып кетсе, жардам бере тургандай болгула. Балдарды алып барып, ар бир болгон нерсени  байкагыла”,- деп инимди жөнөткөм. Бул ошол Кадыржан Батыров  элин жыйнап турганда 18-19-апрелде тартылган сүрөт.  Атамбаев айтпай кетип калса, аны балким барымтага алып алышабы деп мен иниме айткам, “жанына барып карап тургула” деп.  Иним ошондо өз өмүрүн тобокелге салган. Бул биринчи жолу эмес болчу, президенттик шайлоодо дагы колдоо көргөзүп келген Атамбаевге. Эми ошол адамды  КТРК, ЭлТР, 5-каналынан  жамандап жатат.

Кызматтан кызмат тандаган Албек Ибраимов

Албек Ибраимовдун  “Акипресске” жазып берген “сочинениесине” көңүл буралы. Муну ал 2 жума ойлонду. Пиаршиктери менен, президенттин аппараты менен кеңешти. Алар болгон акылын салып жазып беришип, болду чыгара бер дегенде чыгарды. Президент үй салып жаткан жер боюнча мындай дептир: “Анарбек Укуев “мага ошол жерди сат” деп кайрылды. Мен кубанып кеттим. Анткени сатып  алуучу таппай, аны сата албай жүргөм. Ал жерден кантип кутулууну билбей, дайыма жарнама берип, сатып алуучу таппай жүргөнбүз” дейт. Андан кийинки саптарында: “Мен Алмаз Шаршеновичке кезиккеним үчүн тагдырга ыраазымын, ал менин бир тууган агамдай, өмүр бою мага жардам берип келатат. Мен ага жакшылык кылам деп, душмандардын бактысына, туура эмес кадамдарды кылдым окшойт”,- деп божураптыр.

Ошол эле дилбаянында ал кантип кызматтан кызмат тандаганын айтып берген. Мисалы, революциядан кийин “Бишкек” ЭЭАга директор болуп иштеп, алты айдан кийин Атамбаевге кириптир, “бул кызмат меники эмес экен” деп. Ошентип “Дастандын” башкы директору болуп дайындалды. Ал жерде Бакиевдер жасаган торпедаларды сатып ийгенден кийин “Дастандын” аймагына элиттик үй курууну пландаган эле. Ага парламент каршы чыккандан кийин “иш жок калдым” дейт. Андан чыгып президенттин аппаратынын жетекчисинин жардамчысы болуп келет да, бийликтин “Нарынга күнөскана курабыз” деген иш-планын билерман болуп жокко чыгарат. Өзү айткандай, 7-кабаттын интригасынан тажаганда  “Манас” аэропортунун президентинин оруну бош турган болот. Эми “ал жердин кирешесин көтөрдүм” дейт. Ал Ибраимовдун кыйын менеджер экенинен эмес, элди сааганынан тапкан акчалар. “Манастан” учкан ар бир адамдан аэропортко деп алынган 5  долларды 10 долларга көтөрүп койгондон түшкөн каражат.

Бегимай Бакашева

Булак: Де-Факто

Айжан акылбекова, коомдук ишмер: «Кыргыз аялзаты өзүнүн бийик ордуна кайтып келсе деп тилеймин»

Акыркы төрт жылда белгилүү коомдук ишмер Айжан Акылбекова улуттук нарктуулукту анын ичинде элечекти бийиктетип буга байланыштуу бир топ долбоорлорду жасап келди. Жакын арада болуп өткөн «100 жана 1 элечекчен айым» долбоору көпчүлүк айымдарга бир жан бергендей. Долбоордун максаты, келечеги тууралуу Айжан айым менен болгон маекте.

– Айжан, айтсаңыз, эмне үчүн элечек, башка баш кийим эмес?

– Эми шөкүлө же болбосо дагы башка улуттук, айымдарга гана тийиштүү баш кийимдерди айта турган болсок, булар кандайдыр бир белгилүү гана күндөрү колдонулат экен. Ал эми элечек баардык шартка ылайыктуу. Негизи аялдардын өзүн-өзү баалай билүүсүндө кийим өтө чоң мааниге ээ. Негедир азыр заманбапташып, башка улуттун маданиятын таңуулап, ошолордун кийимин кийүүгө умтулуп бара жаткандай. Эмне үчүн өзүбүзгө гана тиешелүү кийимибизди кийип, көрктөндүрүп жүрө албайбыз деген ой келет мага. Албетте тандоо ар бир инсандын эрки, бирок айтып койгум келет, биздин улуттук кийимдер төгөрөгү төп келген кийим.

– Бул долбоорду мамлекет тарабынан колдоого алгандар барбы?

– Негизи бул долбоорго төрт жылдын жүзү болду. Мамлекет тарабынан колдоого алгандар жок, ал эмес бул долбоорго конок болуп катышып бериңиз деп чакырса дагы келип беришпейт. Абдан таң калыштуу мага. Менимче, долбоор жүрүп жатканынан деле кабары жок болушу керек, же болбосо кайдыгер мамиле.

– Долбоор бир гана Бишкек шаары менен чектелгендей, башка аймактарды дагы кыдыруу планда барбы?

– Мамлекет боюнча долбоорду жайылтуу маселеси башында бар болчу, жети аймакты кыдырсак деген. Ошко былтыр барып өткөрүп келгенбиз. Ал жакта абдан жакшы кабыл алышты. Буюрса албетте аймактарды кыдырабыз деген тилек бар. Негизи эле бул долбоорду мен болбосом сиз же болбосо башкасы деле өткөрсө болот. Мында негизги максат – коомдогу тарыхый баалуулукту сактап калуу. Иш шүгүр жүрүп жатат, кудай буюрса аны дагы ишке ашырабыз.

– Учурда биздин өлкөдө саны бар, сапаты жок майрамдар толуп кетти. Улуттук ак калпак күнү сыяктуу Элечек күнү деп балким атайы майрам аталса кандай дейсиз?

– Элечекти бир күндө майрамдоо долбоордун планында жок. Ачык айтсам, мен өзүм дагы бул идеяга кошулбайм. Себеби майрам деп бир күн менен чектеп салабыз. Анда баягы эле артисттер, коомдук ишмерлер бир күн кийишет дагы, унутта калат эмки майрамга чейин. Ал эми биздин долбоор элечекти күнүмдүк колдоого алып келүү.

– Кыргыз айымдарына эмне деп кеңеш берет элеңиз?

– Кеңешим деле эмес болгону тилегимди айтсам. Мен кыргыздын айымдарын сыйлайм жана баа берем. Канчалык заманбапташпаса дагы баары бир бир нукуралуулук сакталып турат жүрөктө. Кыргыз айымы тарбия бергенди, билим бергенди билет, үй оокаттарынын майын чыгар жасайт, ал эле эмес жогорку билим алып, татыктуу ишин көргөзө алат. Ошондуктан менин тээ түпкүрдө жаткан кыялым Батыштын маданиятын, идеяларын ээрчибей, нукура, баатыр, мээримдүү, айкөл жүзүбүз сакталса дейм. Мисалы, тээ илгерки эски тасмалардан байкасаңыздар, кыргыз айымынын образдары мыкты чагылдырылган. Кийген кийиминен баштап тарбия, өзүн алып жүрүүсүнө чейин. Кыргыз аялзаты өзүнүн бийик ордуна кайтып келсе деп тилейм.

Булак: Асман плюс

Айдаров кытайлыктардын машинесин тартып алыптыр

Транспорт жана байланыш министри Замирбек Айдаров кытайлык “China Road and bridge” компаниясына катталган “Лексус” үлгүсүндөгү жолтандабасды пайдаланып жүргөнү жакында эле маалым болгон эле. Арадан бир апта өтпөй жатып Парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы министр мырзаны кызматтан кетирүүнү талап кылып чыкты. Айдаровдун ээрден шыпырылып түшүүсүнө кытайлык компаниянын автоунаасын өзүнүн менчигиндей пайдаланып жүргөндүгү негизги себеп болууда. Бакыйган бир министрлик креслону ээлеп отуруп чет өлкөлүк компаниянын машинесин минип жүрүш этикага деле жатпаса керек. Депутаттар министр Айдаров компаниянын унаасын пайдаланып, ага жан тартып жүргөн деп айыптоодо. Ал эми министр мырза муну четке кагып, чырга себеп болгон унааны кытайлык компанияга кайтарып бергенин билдирди.

Булак: Ачык саясат 

Алмаз Кулжанов, Бишкек шаардык №3 балдар клиникалык ооруканасынын дарыгери: “Тырмак кайра өсүп чыкканча чуу болгон”

Кудай балдарга оору бербесин. Бала ооруса ата-эненин жаны кошо ооруйт эмеспи. Кырсык каш-кабактын ортосунда деп айтылат кыргызда. Ошондой ар кандай кырсыктын натыйжасында жабыркаган балдарды өздөрүнүн тажрыйбалуулугу, камкордугу менен иш алып барган Бишкек шаардык №3 балдар клиникалык ооруканасынын сынык-жаракат бөлүмүнүн врачтары менен маек курдук.

– Кесиптин оорчулук жагы, оош-кыйыш жактарын  айтып берсеңиз?

– Эми ар бир кесиптин жакшы жактары, жаман жактары болот экен. Биз  жаман жагына көп маани бербейбиз.  Кичине балдардын ден соолугуна кам көрүп, жардам берсек экен деп жүрөбүз да.  Кээде балдардын ата-энеси менен ортодо түшүнбөстүктөр да болот. Айлык маянанын аздыгына карабай деле иштеп жүрөбүз.

– Мамлекет тарабынан жардамдар болобу?

– Мамлекет тарабынан жардам  берилип эле жатат. Балдардын дары-дармеги  берилет. Кээде кем-карчы деле болот. Эми ансыз  болбойт да. Жалпысынан  убагында жакшы эле кам көрүлөт.

– Оңдоо иштери жүрүп жатыптыр…

– Ооба  оңдоо иштери жүрүп, биздин жетекчилик тараптан колдоо болуп, профессорубуз, башкы дарыгер Өмүрбеков Талант Рыскуловичтин жардамы аркасында жасалып жатат.

– Көп жылдан бери иштеп келе жатыптырсыз, эсиңизде кала турган окуялар болобу?

– Албетте андай окуялар болот. Менин эсимде сакталып калган эки окуя бар.  Мындан эки жыл мурун  жол кырсыгы болуп, төрт баланы автоунаа сүзүп кетип, ошондо мен кабыл алган эки кыздын бирөө чарчап калды.  Дал ошол күнү анын туулган күнү болчу. Мына ошол окуя күнү бүгүнкүдөй көз алдымда турат. Айтыш кыйын… Мындай учурларда ата-энелер тараптан силер жакшы карабай өлтүрүп салдыңар деген сөздөр болот. Жаман болобуз, атайын карабай өлтүрүп койгондой сезишет. Экинчиси, мен жаңы иштеген жылдары бир орус келин сабиз кесип жатып баласынын колун кестирип алып, бизге алып келген. Мен анын тырмагын алып таштаган элем. Сен баламдын тырмагын алып койдуң деп өтө чоң ызы-чуу салган. Тырмак кайра өсүп чыкканча чуу болгон. Ал окуянын өткөнүнө андан бери он алты жыл болсо да эсимде сакталып жүрөт. Андан сырткары деле майда окуялар боло берет.

– Кадр маселеси кандай?

– Бизде кадр маселеси  жетиштүү эле. Кээде врачтар деле ооруйт да, андайда жетишпей калган учурларыбыз болот.

– Азыр сиздерге практиканттар,  жаңы кадрлар келип жатышпайбы, кандай даярдык менен келишет?

– Даярдык жакшы. Болгон билимди алышат, бирок ошол адамдын дээринде болсо иштеп кетүүгө неге болбосун… Бир нерсе  үйрөнөлү деп күнү-түнү ушул жерде жүрүшөт. Бизде деле убагында ушундай болгон.  Учкаштыңбы түшө качпа дейт го, ал сыңары баштаган иштин аягына татыктуу чыгуу керек. Өзүңөр көрүп жаткандай жакшынакай иштеп жүрүшөт. Кыргызча, орусча сүйлөшөт. Мамлекеттик тил болгон соң сүйлөш керек. Кыргыз  тилине өтө баштадык. Толук кыргызчага өтүү медицинада өтө кыйын экен.

– Сынык-жаракат деп жатпайбызбы, ошону алдын алуу үчүн  кандай  кеңештерди бересиз?

– Баарыбызда  эле бала бар да. Ар кандай  кырсыктар болот. Балдарга ата-энелер көбүрөөк кам көрсө. Балдардын бирөө тентек, бирөө жоош болот. Мындай кыл, тигиндей кыл деп айта албайбыз. Биздин тилегибиз – балдардын ден соолугу чың болуп эле, ата-эненин кабак-кашы  бүркөлбөй, көз жашы төгүлбөсө.

– Өзүңүз жөнүндө айтып өтсөңүз?

– Ысык-Көл областынын Жети-өгүз районунан болом. Институтту бүткөндөн бери эле ушул жерде эмгектенип келем.  Ушул кесипти аркалап жүргөнүмө 18 жыл болуп калды.

Келдибеков Руслан Ишеналиевич, Бишкек шаардык №3 балдар клиникалык ооруканасынын сынык- жаракат бөлүмүнүн бөлүм башчысы:

– Балдардын  сынык-жаракат оорулары  тууралуу айта турган болсок,  жол кырсыгынан жаракат алгандар өтө көбөйүп кетти. Көпчүлүгүн автоунаа коюп кетет, буга ачык айтканда  балдардын өздөрү күнөөлү. Жол эрежесин билишпейт. Атайын даярдалган жолдордон эмес, башка жерлерден өтүшөт. Мындай учурда айдоочулар токтотууга үлгүрө албай калышат.  Мектептен ушундай жол эрежеси тууралуу көбүрөөк үйрөтүшүп,  жол чырактын кайсынысы күйгөндө өтүү керек экендиги тууралуу кеңири түшүндүрүп, ата-энелери да кам көрүшсө деп ойлойм.  Кырсыктардын  көп болушунун экинчи себеби  машиналар да көбөйүп кетпедиби…

Булак: Асман плюс

Пардабай сойкулардын "папашасы" тура

Кечээ жакында интернет колдонуучуларынын бири Фейсбуктагы баракчасына видео жайгаштырды. Ал видеодо Бишкектеги милиция бөлүмдөрүнүн биринин жетекчиси кол алдында иштеген кызматкерди “Канча айтам, бул сойкуларга тийишпегиле деп?! Чалсам албайсыңар, силер атайын жасап жатасыңарбы?” деп урушуп жатканын көрүүгө болот. ИИМ министри Жунушалиевдин буйругу менен шаарды сойкулардан тазалайбыз деп күндөп-түндөп рейд уюштуруп, бир түндө мынча кызды кармадык деп ММКларга маек берип жаткан кызыл шапкечендер “Балык башынан сасыйт” болуп өзүлөрү сойкулар менен табакташ тура. Угушубузга караганда ал жетекчи Бишкек шаарындагы №10-милиция бөлүмүнүн Коомдук тартипти сактоо башкармалыгынын жетекчиси Пардабай Намазбаев аттуу милиция кызматкери болуп чыкты. Анын бул жоругунан кийин Ички иштер министрлиги кызматтык иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгында ал кызматтан алынгандыгын кабарлады.

Булак: Ачык саясат 

Жаркынай Жумакожоева, төлгөчү, айтымчы, дарыгер: “Аида Саляновага жол жок”

Төлгөчү, дарыгер, айтымчы Жаркынай эже менен бу сапар көптөргө кызык болуп жаткан саясый жагдайлар тууралуу баарлаштык. Россияны, Кыргызстанды эмне күтүп турганы боюнча сурадык. Ошондой эле кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

– Президенттикке дагы кимдердин ат салышаарын көрүп турасыз?

– Садыр Жапаров дагы президенттикке ат салышсамбы деп чамалап турат. Эгерде колдогон тараптар, түрткү берүүчү нерселер болсо, президенттикке тайманбай эле  коёт. Анан Бабанов да президент болсом деп кыялданып жатат. Бирок, ал боло албайт. Көптөгөн туура эмес иштери ага тоскоол болот. Аида Салянова да төлгөгө түшүп турат. Бирок ал тизменин эң эле акырында турат. Себеби, президент эркек киши болушу керек. Ошон үчүн ага  президенттикке жол жок. Президент болчулардын тизмеси мен санагандар менен эле чектелбейт.  Москвадан да кишилер келип, президент болом дешет экен.

P/S. кимде ким айтымчы, дарыгер, табып  Жаркынай Жумакожоевага кайрылып, кеңеш алам, дартыман сакайам десе, 0771 761051 телефонуна байланышса болот.

Бетти даярдаган Асылкан кызы Перизат

Булак: Асман плюс

Фото - Базар-Коргон–Арсланбаб жолундагы унаа кырсыгынан 3 адам мерт кетти

Базар-Коргон районунун  Арсланбаб айыл аймагында Кызыл-Октябрь айылындагы 2016-жылдын 16-октябрында саат 09:40 чамасында Базар-Коргон –Арсланбаб унаа жолунун 8-чакырымында “Жигули” үлгүсүндөгү мамлекттик № О  429Е К96 Россия Федерациясына караштуу унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып жарга түшүп кеткен. Натыйжада, жеринде 3 адам каза болгон.

Жол кырсыгы катталган жерге КР ӨКМнин  Ноокен райондук 55-өрт-куткаруу бөлүмүнүн  куткаруучулары каза болгон адамдарды унаадан чыгарышкан. Бул маалымат тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

ava1ava2ava3

Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайы күтүлөт!

17-октябрдан 19-октябрга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт: 17-октябрда Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын айрым жерлерде күтүлөт. 18-октябрда күндүн экинчи жарымында жана 19-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан карга айланышы күтүлөт, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана тоо этектеринде, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт. 18-20-октябрда абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас, Ысык-Көл, облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-3° үшүк, күндүз 3…8° жылуу, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз     -1…-6° суук болушу күтүлөт.

Мындай жаан-чачындын аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Абанын температурасынын абдан төмөндөшү жыйналбаган жашылчага, мөмө жемиштерге жана  казылып алынган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2016-жылдын 14-октябрында КР ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

2016-жылдын 17-октябрында күндүзү Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ыссык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Түркмөнстанда президенттик шайлоо 12-февралда өтөт

Түркмөнстанда кезектеги президенттик шайлоо кийинки жылдын 12-февралында өтөт. «Түркмөнстандын президентин шайлоо күнүн белгилөө тууралуу» тиешелүү токтомду өлкө парламенти кабыл алды. Бул тууралуу мамлекеттик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Президенттик шайлоого Түркмөнстандын демократиялык партиясы, Өнөр жайчылар менен ишкерлер партиясы жана Агрардык партиянын катышары кабарланууда.

Акыркы жолу Түркмөнстандын президентин шайлоо 2012-жылдын февралында өткөн. Анда Гурбангулы Бердымухамедов үчүн шайлоочулардын 97,14 % добуш берген.

Президенттик шайлоонун мөөнөтү өлкө башчысы Гурбангулы Бердимухамедовдун өмүрүнүн аягына чейин шайлоого катышуусуна мүмкүнчүлүк берген Баш мыйзам кабыл алынгандан бир ай өткөн соң жарыяланды. Быйыл 14-сентябрда Түркмөнстандын Аксакалдар кеңеши сунушталган өзгөртүүнү жактаган.

Кабыл алынган өзгөртүүгө ылайык, президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга узартылып, талапкерлерге 70 жашка чейин катышууга жол ачылган. Президент Бердымухамедов кабыл алынган мыйзамга ошол эле замат кол койгон. Экинчи президенттик мөөнөтү 2017-жылы аяктай турган 59 жаштагы Бердымухамедов үчүн жаш мөөнөтүн чектөө кайрадан шайлоого катышууга тоскоолдук болуп жаткан.

Гурбангулы Бердымухамедов 2006-жылдан бери Түркмөнстанды башкарып келатат. Бул өлкөдө бир дагы жолу шайлоо демократиялык жол менен өтпөгөнү жана Түркмөнстан эң эле катаал көзөмөл астындагы мамлекет экени айтылып келет.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстан менен Тажикстан стратегиялык өнөктөштөр макамын расмий бекитишти

Өткөн апта соңунда Казакстандын сенаты (парламенттин жогорку палатасы) Тажикстан менен стратегиялык кызматташтык тууралуу келишимди ратификациялады. Стратегиялык өнөктөштүк тууралуу документке эки өлкө өткөн жылдын 14-сентябрында, Нурсултан Назарбаевдин Дүйшөмбүгө болгон расмий сапары маалында кол коюшкан.

Казакстан сенатынын басма сөз кызматынын расмий билдирүүсүндө документте тараптар бири-бирине каршы багыттала турган күч колдонуудан кармануу жана башка өлкөнүн суверендүүлүгү менен аймактык бүтүндүгүнө коркунуч жаратчу келишимдерди түзбөө милдеттенмелерин ырастай тургандыктары айтылат.

Сенаттын пленардык жыйынында Казакстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Мухтор Тлеуберди документте саясий диалогду өркүндөтүү, эки тараптуу мамилелер жана эл аралык актуалдуу көйгөйлөр боюнча позицияларды макулдашуу маселелери камтыларын айтты.

«Жакынкы Чыгыштагы окуялардын, Ооганстандагы абалдын, ошондой эле террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнүн активдешүүсүнүн фонунда Казакстан Борбордук Азиядагы, өзгөчө Ооганстан менен түздөн-түз чектешүү менен КМШнын түштүк чектеринде калкан болуп турган Тажикстанда туруктуулуктун болушуна кызыктар», – деди ал.

Өткөн жылдын декабрында аталган документти Тажикстандын парламенти ратификациялаган. Өлкө ТИМи документ 13 пункттан турарын жана анда коопсуздукту, тынчтыкты жана туруктуулукту камсыздоо жана бекемдөө, жаңы коркунучтар менен чакырууларга каршы күрөшүү, аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү каралганын билдирген.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча протоколго кол коюлду

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Фергана жана Анжиян шаарларында эки өлкөнүн чек араны тактоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын жолугушуусу өттү. Анын алкагында адистер Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары менен чектешкен аймактагы 55 талаштуу аймакка чыгып, жеринен таанышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында протоколго кол коюлганын Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Азырынча бул жолугушуу боюнча кыргыз расмийлери маалымат бере элек.

Кыргыз-өзбек чек арасы 1378 чакырым аралыкты түзсө, учурда анын 320 чакырымы тактала элек. Мунун айынан акыркы жылдары чек арада ар кандай чыр-чатактар орун алып келет.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эрдоган Сириядагы операциянын жаңы баскычы башталганын билдирди

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган Сирия түндүгүндөгү террорчуларга каршы операциянын жаңы баскычы башталганын жарыялады. Анын алкагында, түрк күчтөрү Алеппо аймагындагы Дабик шаарын көздөй чабуулга өтүшөт.

Эрдогандын бул билдирүүсү Швейцарияда Сирия кризисин жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр өтүп жатканда жасалды. АКШ, Орусия жана бир катар Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин өкүлдөрү катышкан жолугушуу ишемби күнү жыйынтыксыз аяктаган эле.

Ошол эле учурда Сириянын Алеппо шаарындагы чыгыш райондору үчүн айыгышкан салгылаш жүрүүдө. Орус учактарынын көмөгү менен президент Башар Асаддын армиясы Куралдуу оппозициянын күчтөрүнө сокку урууда.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Украина чыгышындагы жикчилдердин командири — «Моторола» өлтүрүлдү

«ДНРдин Коргоо министрлигинен» «Моторола» каймана аты менен белгилүү Арсен Павловдун өлтүрүлгөндүгүн ырасташты. Ал «ДНР элдик кошууну» делинген топтун командирлеринин бири болгон. Буга чейин анын өлүмү тууралуу жеке булактарына шилтеме кылуу менен “Интерфакс” агенттиги жазган.

«Интерфакстын» булагынын билдиришинче, Павлов жашаган үйдүн лифтинде жардыруучу зат ишке киргизилген. Жарылуу болгон жерде жүргөн Моторола оор жараат алып, көп өтпөй каза болгон.

Анын маалыматы боюнча кол салууга «украин диверсиялык-чалгындоо тобу» шектелүүдө. “Моторолага” быйыл июнда да кол салуу уюштурулган.

Павлов «ДНРдин» эң чуулуу талаа командирлеринин бири болгон. Укук коргоочулар Орусиянын жаранын туткунга түшкөн украин аскерлерин кыйноого жана Донецк аба майданынын коргоочусу Игорь Брановицкийди өлтүрүүгө айыптап келишет.

Ал жикчилдердин жетекчилиги тарабынан «Георгий крести» (өзүн республика деп атап алган топтун башкы аскердик сыйлыгы) жана «Аскердик эрдиги үчүн» ордени менен сыйланган.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Керри менен Жонсон Сириядагы абалды талкуулады

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен британ тышкы иштер министри Борис Жонсон Лондондо жолугушуп, Орусияны Сирия жаңжалын токтотууга көмөктөшүүгө үндөштү.

Жолугушуудан соң Борис Жонсон Лондон менен Вашингтон Асад жана анын союздаштарына басым жасоону улантуу керек деп эсептей тургандыгын билдирди. Британ дипломатия башчысынын айтымында, Сирияда жасалган аскердик кылмыштар үчүн жооптуулар Эл аралык сотто жооп бериши керек.

Британ министри Европа өлкөлөрүндө Сириядагы согушка кийлигишүү каалоосу жок экенин белгиледи.

Борис Жонсон Асаддын режими менен анын орусиялык союздаштарынын Алепподо көзөмөл орнотуп, согушту жеңип чыга тургандыктарынан шек саноодо. Ал Орусия менен Иранды жаңжалды токтотуу боюнча аракеттерде лидерликти көрсөтүүгө чакырды. Жон Керри АКШ союздаштары менен Сирия боюнча жаңы санкцияларды киргизүү ыктымалдыгын караштырып жаткандыгын ырастады, бирок санкциялардын объектиси катары Орусияны атаган жок.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда VII эл аралык «Дидор» кинофестивалы өтүүдө

Быйыл «Дидор» кинофестивалына Азербайжан, Армения, Ооганстан, Грузия, Индия, Иран, Кыргызстан, Казакстан, Монголия, Орусия, АКШ, Швейцария жана Германиядан 40 катышуучу чакырылган.

«Быйылкы «Дидор» кинофестивалы белгилүү тажик кинорежиссеру, киносценаристи жана кинопродюсери Бахтиёр Худойназаровдун элесине арналган, ошондуктан биз анын тасмаларынын ретроспективасына анын белгилүү төрт эмгегин кошууну туура көрдүк», – деди Тажикстандын Кинематографисттер биримдигинин төрагасы Сафар Хакдодов.

Анын айтымында, фестивалда 80 толук метраждуу жана кыска метраждуу тасмалар көрсөтүлөт. Алардын арасында «Эл аралык панорама: Батыш жана Чыгыш маданияттарынын диалогу», «Фарс тилдүү өлкөлөрдүн киносу: Ооганстандын, Ирандын жана Тажикстандын жаңы тасмалары» өңдүү тематикалык көрсөтүүлөр да болот. Бул программада өзгөчө көңүл аталган өлкөлөрдүн жаш кинематографисттеринин эмгектерине бурулат.

Эл аралык «Дидор» кинофестивалы 2004-жылдан бери эки жылда бир өткөрүлүп келет. Быйылкы кинофестиваль тажик жана өзбек кинематографиясынын түптөөчүсү Камиль Ярматовдун 110 жылдыгына арналган.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

«Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясында сырттан алынган карыздардын натыйжалуу пайдаланылышы боюнча маселе талкууланды

«Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын жыйынында 1991-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы тууралуу маселе каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Фракция жыйынында Кыргыз Республикасынын финансы министри Адылбек Касымалиев баштаган тиешелүү тармактык министрликтердин жетекчилери катышты.

Финансы министри Адылбек Касымалиев мамлекеттик карызды башкаруу боюнча ченемдик-укуктук актыларга жана анын негизги принциптерине токтолуп, 1992-жылдан бери карыздар Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Эл аралык валюта фонду жана Кытай, Германия, Орусия, Түркия сындуу мамлекеттерден алынып келе жаткандыгын белгиледи. А.Касымалиевдин айтымында, 1992-1998-жылдарда алынган карыздардын кредиттик бөлүгү көп, гранттык бөлүгү аз болгон болсо, 2010-жылдан тарта карыздардын гранттык бөлүктөрү көп, кредиттик бөлүктөрү аз карыздар алынууда. Бүгүнкү күнгө карата тышкы карыздын жалпы көлөмү 3,76 млрд АКШ долларын түзөт. Эл аралык валюта фонду Кыргызстандын тышкы карыздары боюнча талдоо жүргүзүп, мындай көлөм менен өлкө сырткы таасирлерге сезгич болорун, мамлекеттик карыздын өсүшүнө жол бербөө керектиги боюнча жыйынтык чыгарган. Жалпысынан 1992-жылдан тарта 24 жыл 9айдын ичинде 6 миллиард АКШ долларында кредит, 2 миллиард АКШ долларында грант алынган.

Мындан сырткары, Финансы министри тышкы карыздардын канчасын кайсы мамлекет тарабынан кечирилгенин жана бүгүнкү күндө дагы карыздарды кечүү боюнча долбоорлордун үстүндө иш алпарылып жатканын маалымдады.

Жыйын жүрүшүндө фракция депутаттары сырткы карыздар айрыкча кайсы тармактарга көп алынгандыгын тактап, ошончо карыз алганга жараша кандай натыйжа берип жаткандыгын сурашты. Улуттук энергохолдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиев энегретика тармагына карыздардын ири көлөмү алынгандыгын, анын негизинде энергетикалык көз карандысыздыкка жетишилгендигин айтып, аларга Датка, Кемин подстанциялары курулгандыгын, Бишкек жылуулук электр борборун модернизацияланып жатканын жана Токтогул ГЭСин реабилитациялоо максаты турганын жана башка долбоорлорду тизмектеп берди.

Депутат Мирлан Бакиров карыздардын эң орчундуусу эки тараптуу карыз экенин, мындай карыз Кытайга бар экенин айтып, буга өзгөчө олуттуу мамиле жасоо зарылдыгын билдирди. Депутат Зиядин Жамалдинов 1992-жылдан бери алынган карыздарга көзгө көрүнөрлүк иштер жасалбаганын белгилеп, демек, алынган карыздар натыйжалуу пайдаланылбагандыгын сынга алды.

Ошону менен катар бир катар депутаттар сырттан келген кредиттерге завод-фабрикаларды куруп, элди жумуш менен камсыздап, түшкөн пайданы карыз алгандын ордуна пайдалануу качан башталат деген маселе коюшту. Дегеле четтен алынган карыздарды кен иштетүү тармагына багыттаса, алда канча пайдалуу болмок деген пикирлер да айтылды.

Талкуу маалында кредит алуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорлорун киргизүүнүн алдында макулдашуу процесси фракциялардан дагы өтүшү керектиги белгиленди. Депутат Абдыкапар Султанов “Кыргыз темир жолу”, “Каракече” сындуу мамлекеттик ишканаларга насыялар берилсе, өзүн өзү актап, өлкөгө пайда алып келерин ортого салды. Депутат Гүлшат Асылбаева кредиттик жана гранттык каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышы боюнча депутаттык комиссия түзүү зарылдыгын айтты. Мындай олуттуу маселени Жогорку Кеңештин кароосуна чыгарып, Өкмөттүк саат өткөрүүнү депутат Мирлан Бакиров сунуштады.

Фракция лидери Бакыт Төрөбаев сырттан алынган кредиттердин натыйжалуулугун баалоо үчүн Doingbisness аттуу программа бар экенин айтып анын индикаторлорунун жыйынтыгы менен 138 мамлекеттин ичинен Кыргызстан 113, Тажикстан 77, Казакстан 53 орунда турарын маалымдап, эмне үчүн мындай көрсөткүчтөргө көңүл бурбайбыз дейт. Б.Төрөбаев аткаруу бийлигинде сырттан алынган кредиттерди жана гранттарды тескеп, каякка жумшоо, кандай натыйжа күтүү боюнча талдоо жүргүзүүчү орган түзүүнү КР Өкмөтүнө сунуш кылды.

Жыйынтыгында депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлердин негизинде КР Өкмөтүнө тапшырмалар белгиленди.

Семетей Талас уулу: "Канадага которулган $200 млн, Россияга которулган $170 млн кайда? Ал акчалар кимдики, элдикиби, Атамбаевдики, Камчы Көлбаевдикиби?"

Белгилүү журналист Семетей Талас уулу Фейсбук социалдык баракчасынан суроо салды. «Баягы Кыргызстандын үлүшүн Кумтөргө, канадалыктарга байкабай 200 млн. доллар которуп жиберген Кыргызалтындын Жапаров деген чиновниги эмне болду жана ошол акча кайда. Минфиндин эки кызматкери Россияга 170 млн. доллар которуп кармалышты эле алар эмне болду тиги акча кайда кимдики, элдикиби, Атамбаевдики, Камчы Көлбаевдикиби. Ширшов энергосекторду мыкчып турганда 2002-жылдан 2005-жылга чейин мамлекетке 320 млн. доллар зыян келтирген. Кийин Максим кеткенге чейинки зыяндарын (элден уурдаган миллиондогон долларлар) эсептеген текшерген эчким жок. Ушундай ири фактыларды текшерип чыгышса болбойт беле. Анан жөн эле бакыра бергенде эмне. Баса, ТНК Дастан азыр Атамбаевдин менчигинде болсо, Албек Ибраимов ал жерди жетектеп турганда Индияга торпеда сатып 16 миллиард сом пайда тааптыр деп Текебаев айтты. Ошол акчаны эмне териштирбейт. Ал торпедалар ТНК Дастандын контролдук акциясы мамлекеттин колунда турганда жасалган да. Аны Албектин сатканга кандай акысы бар» – деп. Мына ушундай маанилүү маселелерге токтолбой эле бири-бирин ушакчы абысындардай шыбагандарына жол болсун. Жаза берсе гезит бетине батпайт. Бул бийлигиң деле, Текебаевиң деле оңбой калды көрүнөт.

Булак: Ачык саясат 

Жаркынай Жумакожоева, төлгөчү: “Парламент таркабайт. Текебаевге чабуул катуу уюшулат”

Төлгөчү, дарыгер, айтымчы Жаркынай эже менен бу сапар көптөргө кызык болуп жаткан саясый жагдайлар тууралуу баарлаштык. Россияны, Кыргызстанды эмне күтүп турганы боюнча сурадык. Ошондой эле кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

– Парламент таркайт деп атышат, Текебаев  бу сапар президенттик такка отурабы?

– Парламент таркабайт, бирок анын таркашын каалагандар да жок эмес, баары өздөрүнүн саатын күтүп, ич ара согушуп жатышат. Президенттикке болсо төртөө аттанат, баары жаш, баарынын көрүнүштөрү дээрлик окшош. Бирок да алардын ичинен кара каш, кара көздүү, дене түзүлүшү спортсменге окшогон бала негедир  бөлүнүп турат.

Ал эми Текебаев тууралуу айтсам, Текебаев бул орунду көптөн бери күтүп, ал орунга жетүү үчүн көп жыл эмгектенген. Бирок, ортодо бир канча жыл боштук турат, мунун мээнетин кимдир бирөөлөр жокко чыгарууга аракет жасашып жатат. Азыр да аны президенттик такка жеткирбеш үчүн аракеттенишүүдө. Эгер карьералык баскычтан алып караса, бул кишиге жол бар, өзүнө ишенет бирок, көрө албастары болтурбайбыз деп катуу каршылыктарды уюштуруп жатышат. Текебаев эки ортодо турат.

Булак: Асман плюс

Тышкы саясат аласалдырып баратпайбы?

Кимдир бирөөдөн өч алуу үчүн кимдир бирөөнүн көңүлүн алуу менен саясат аттуу дөө шааны куурчак кылып, күнүмдүк кызыкчылыктын кулу болуу- өтө опуртал жол экендигин дүйнө тарыхы көзгө сайып көрсөтүп турат. Балким ким бирөө үчүн бул сабак эместир, анткени өтүгү өзүнүкү, демек төрү кайда качмак эле. Мисалга, Кыргызстан  Орусия, Түркия менен санаалаш, жакын өнөк болуп келгендиги маалым.Орустардын түздөн түз көрсөтмөсү менен жашап жатканыбызды жаап-жашырууга болбос. Ал эми түрктөр огеле  көп жардамды бергенин кечээ эле мактанып айтып жүрүшкөн. Бүгүнчү?  Саясатта 180 градуска бурулуп кеттикпи жүзүбүз тайып? Айтуу кыйын. Бирок президент Атамбаевдин Грузияга жасаган сапарында президент Атамбаев кыргызга котур ташын ыргытпастан тынч эле , өзүнүн арабасын кылдыратып сүйрөп келаткан Украинага бөөдө эле,  түз айтканда деле орунсуз асылып, керек болсо келекелеп, эки революциянын чоң автору катары чоң ата боло койгону кимдир бирөөнүн акырына жем таштагандай болду. Эки башка кырдаалга түшүнө бербестен  туруп, көкүрөгүн кагып койгону тууралуу Порошенкодон   укчу сөзү толтура. Ишене бергиле.

Экинчиден, Тбилисиде Грузиянын биримдиги үчүн курман болгондордун эстелигине гүлчамбар койгонун  да кимдир бирөө эртең эсине салат. Анткени, бул эстеликтин бетине ар кайсыл мезгилде Орусия менен болгон согуштарда курман болгон 3,5 миңден ашуун адамдын аты-жөнү, анын ичинде 2008-жылдын 8-августунда Орусиянын агрессиясынан курман болгондордун ысымдары бар. Ойлончу маселе бекен? Орустар дүлөй эмес го акыры… Андан да ары кетип, Атамбаев Абхазия менен Түштүк Осетияны Грузиянын ажырагыс бөлүгү катары таанып,  Грузиянын аймактык бүтүндүгүнө батасын берип салды. Орусия бул республикалардын эгемендүүлүгүн тааныгандыгын  эске алсак, тышкы саясатыбыздагы кадам чукул бурулуп кеткенин паамдасак болчудай. Кай багытка? Бул да чоң собол.

Тбилисини ыраазы кылган гүлчамбар, аймактык бүтүндүктү таанууну албетте АКШ, Европа кош колдоп кубатташты. Орусиячы? Балким, эми бу шок үкөбүз Жириновскийдей айтса айткандыр, андан эч кимге зыяны жок. Керектүү маалда колуна чыбык менен катуураак уруп койобуз, деп койушабы? Мүмкүн.

Кезекте Армения бар. Ушу тапта  президент Атамбаев кудум ушул өлкөдө…Дагы эмнени айтып жиберет экен деп көздөрүн жумуп, кулагына кебез  тыгып олтургандар толтура. Бирок сөзсүз бир” жаңылыкты” ачат . Анткени, ал  деген Алмазбек Атамбаев… башкача кыла да албайт….

Калдар Шерматов

Кубанычбек Нурматов, ЖК депутаты: «Коомдун аң-сезимин тарбиялоо зарыл»

– Бул чакырылыштагы Эл өкүлдөрүнө ыраазы болгон адам аз, парламентти таркатуу керек дегенге кошуласызбы?

– Биринчиден, бул парламентти эл өзү шайлаган. Экинчиден, парламенттин түзүлгөнүнө бир гана жыл болду. Көп ишке ашыруучу иштер бар. Биз ошону аткарышыбыз керек да. Парламентти кааласа таратып, кааласа жаңысын апкелгендей бул оюн эмес да. Эл сабырдуу болушу керек. Мен ар кандай жолугушууларда дагы айтып келем көпчүлүк учурда эл өзү катачылык кетирип, туура эмес чечим чыгарышып, көп нерсени тереңинен аңдабастан ката кетиришет, муну моюнга алуу керек. Бул жакта алты партия ишин алып барып жатат, коалиция түзүлгөн. Парламент тандаган адамдар министр боло алат, жана мыйзам чыгарууда алгач парламент чечим чыгарып анан президентке жөнөтүлөт. Албетте катачылыктар болуп жатат, бирок бирөө жаман болсо анын артынан баарын жек көрүүнүн кажети жок. Биз иштешибиз керек да, туурабы. Эң алгач эл өкүлү катары элиме кайрылат элем. “Сен таза болсоң, мен таза болсом коом да таза болот” деген улуу сөз бар, ошол сыңарындай ар бирибиз өзүбүздөн тазалыкты баштообуз керек. Ошондо гана таза коом түзүлөт, келечекке карай ишенимдүү кадам таштай алабыз. Ал эми болбогон кепке аралашып, ээрчиме болуп кете берсек анда эч кандай майнап чыкпайт, коомдун өлгөнү ошол болот.

– Кыргызстандагы саясаттын системасы кандай? Бул кыргыз менталитетине ылайык саясатпы же таңууланган саясатпы?

– Негизи айтат элем, башка өлкөлөргө салыштырмалуу биздин мамлекеттин саясаты асман менен жердей. Бизде сөз эркиндиги чексиз берилген. Азияга демократиянын келиши алгач Монголиядан башталган. Ал эми Орто Азияда Кыргызстанда башталган. Кандай болгон учурда дагы ачык айтып кээде чектен дагы чыгып кетип жатабыз. Биз бийлик менен укугубузду талашканга чейин баруудабыз. Бир чети туура бирок муну дагы колдоно билишибиз керек. Ортодо сепаратисттик чагымчылдык кылуунун кереги жок. Менимче, бүгүнкү күндө Кыргызстанда саясат стабилдүү.

– Акыркы учурда шылдыңга анан жылдызга айланган кесиптештериңиз четинен саналып чыга баштады? Буга кандай карайсыз? Эл ишенген эл өкүлдөрү эл турмушунан кабары жоктугу өтө уят нерсе го…

– Ооба, бул маселе албетте абдан кейиштүү. Туура айтасыз, уят нерсе. Сөздү ойлонуп сүйлөө керек. Бул албетте кабардын жоктугунда, иштин анализденбегенинде. Ар бир маселени козгоордо алгач изилдөө жүргүзүү керек, статистика деген болот. Анан балп эттирип айтуу эң оболу эл өкүлдөрүнө уят нерсе деп эсептейм. Негизи эле динди саясатташтыруунун кереги жок. Кээде мыйзам киргизерде ошол алып чыгуучу маселе анализденбей келет. Ошонун кесепетине көп нааразычылык туулууда. Тээ Союз учурунда эле адамдын жашоо турмушуна, маданиятына ылайык мыйзамдар иштелип чыккан, бирок жашоо бир ордунда турбайт ошондуктан шартка жараша Конституцияга жана башка керектүү Мыйзамдарга өзгөртүү киргизип туруу зарыл. Бирок ушул эле учурда Мыйзамдарды өзгөртүп коюп эле койбостон, алардын туура, так иштешин катуу көзөмөлдөшүбүз керек. Себеби, мыйзамдын аталышын өзгөрткөн менен заты ошол бойдон калып жатпайбы, туурабы. Мисалы, кылмыштар боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизсек ал башкача болуп калбайт Ошол эле уурулук, адам өлтүрүү жана башкалар кала берет. Биз мындай нерселерден алыс болуп коомубузду жумуш менен камсыз кылууну ойлонушубуз керек. Эгерде жумушчу орундары көп болсо кылмыш дагы азаят. Ошол эле совет доорунда адамдардын 94-95 пайызы билимдүү деп эсептелчү, мейли ким болбосун. Азырчы, билимсиздердин заманы, кайры сурагандар көбөйдү өзгөчө жаштардан көп кезикчү болду. Бул мамлекетибиздин деградацияга учурап, коомдун бузулуп баратканына кабар берет. Эң оболу коомдун мүнөзүн түзөшүбүз керек. Миграция дагы азаят эле. Мисалы ар бир аймакка өзүнүн баалуу сырьёсуна жараша ишканаларды ачып берсек эмнеге болбосун. Мисалы, Нарынга эт иштетүүчү, Таласка фасоль иштетүүчү, Баткенде өрүк жана башкалар. Бул эң сонун кризистен чыгуу маселеси. Албетте башында чыгым көп болот бирок биз муну менен көп нерсени сактап калып жатпайбызбы. Эң негизгиси сырткы миграция токтойт эле, ар бир үй-бүлө өз үйүндө болуп эч кандай ажырашуулар болбойт эле, бала эне мээримин, атанын тарбиясын алып чоңоёт. Булар буюрса ишке ашат деген чоң үмүттөмүн.

– Кумтөр боюнча эмне дей аласыз? Экс-депутат Садыр Жапаров жакында ал жакта катастрофа болуп, уулуу заттар жайылат деп какшап келүүдө. Эмне үчүн бул маселеге тез арада чара көрбөй жатасыздар?

– Кумтөр бул мамлекеттин орчундуу маселеси. Каражат жагынан дагы экологиялык жактан дагы алып караганда курч маселе.  Бул боюнча атайын адистер бар алар иш алып барып жатышат, кумтөр маселеси каралбай унутта калды дегенден алыс болуңуздар. Экотехинспекция бул жаатта көп жумушту алып барып жатышат. Тээ мурун Акаев, Бакиев убагында Кумтөр маселеси боюнча көп катачылыктар кеткен, азыр ошолордун азабын тартып жатабыз. Кумтөр азыр Кыргызстанга экология боюнча 15 миллиард жана соцфондго 3,5 миллиард сом карыз. Негизи чет өлкөлөрдө салык карызын төлөбөй коюуу катуу жазага алынат. Бул жана башка маселелерди чечүү үчүн аларды сүйлөшүү процессине көндүрүү керек. Бул үчүн керек болсо атайын рычагдарды иштетүү керек. Мен ойлойм Өкмөттө тиешелүү рычагдар жетиштүү деп. Эгерде уулуу заттар жайылып залакасы тийсе бул дүйнөлүк масштабдагы катастрофага айланат. Коңшу мамлекеттер анда жеп жутат кыргызды. Буга жеткирбей ошондуктан тез арада чара көрүү керек деп ойлойм.

– Эми саясаттан тышкаркы суроо, маданият , тил маселеси? Эмне үчүн кыргыздын баалуу сапаттарын биз глобалдуу проблемага айлантып салдык?

– Биз эң оболу адабий тилибизди өнүктүрүшүбүз керек. Эгемендикти алганга чейин аралашма тил болуп калган. Бул маселеге эми көңүл бөлүнүп терең изилдене баштады. Буга мисал жакында өткөн көчмөндөр оюну. Карагылачы кыргыздын улуулугун, нарктуулугун бүткүл дүйнө жүзү таанып билди. Мында кыргыз улуу эл экенин далилдеди. Биздин брендибиз ушул көчмөндөр оюну болушу керек. Бул маданият жаатында ал эми тил жаатында биз көп нерседен уттуруп жатабыз. Себеби, коом жаңыланган сайын кош тилдерди биринчи орунга коюп эне тилди унутта калтырууда. Ар бир аймактын ар бир айылында бул маселеге терең көңүл бөлүү зарыл. Жада калса улуттук тилди билбегендерге, билип туруп аны үйрөтпөгөндөргө жаза катары салык же болбосо коомдук иштерге салуу керек. Анан эң оболу ЖОЖдордогу бүтүрүүчүлөр менен тыгыз иш алып баруу зарыл. Аймактык тажрыйба алмашуу программасын түзүп аны үч жылга бекитүү керек. Мына ушундай катуу тартип менен гана тилибиз, маданиятыбыз алдыда болуп эч кандай маселе туулбашы керек.

– Тарбия тууралуу… Интернетмания тээ бешиктен бели чыга элек баладан баштап алтымыштан ашкан аксакалдарга чейин басып алгандай. Мисалы чет мамлекетте интернеттин көпчүлүк сайттарын тыюу салынган. Эмне үчүн Кыргызстан бул тартипти колдонбойт?

– Эң туура айтасыз. Интернет оорусу азыр кыргыз коомун маңкуртка айлантып баратат. Мектеп окуучулары бул азгырыксыз күнүн өткөрбөй калды. Мына жакында эле интернет тармакка чыгып кеткен окуучу кыздын маселеси. Бул өтө уят нерсе, бул өтө кейиштүү маселе. Бул жаатта билим министрлиги менен биргеликте тыгыз иш алып баруубуз зарыл. Мектептерге телефон алып барууга тыюу салуубуз керек. Менин жеке депутаттык ишим ушул тарбия жаатында. Эгерде келечегибизди татыктуу тарбиялап азыртадан баштасак кийинки он жылдыкта мындай глобалдуу маселелер түп тамырынан жок болот.

Назира Кулболдиева

Булак: Асман плюс

Жаркынай Жумакожоева, төлгөчү, айтымчы, дарыгер: “Америкалыктар орустарды ойрон кылганга даяр”

– Биздин тышкы саясаттагы ориентациябыз Россия эмеспи, балким ошол багытыбызды башка бир чоң мамлекеттерге буруп, түздөнсөк кризистен чыгып кетебизби?

– Кытайдын жылдан жылга эли да көбөйүп, өндүрүшү да жогорулап атыптыр. Кыргызстан бул өлкө менен соода-сатык алака кылса, биздин мамлекетке пайда гана болот. Кредиттерди алсак, товар алсак жолубуз ачык болуп,  пайдалуу болот экен. АКШнын түндүгү Аляскада эмнегедир ээнсиреп жымжырттык каптап турат. Түштүгүндөгү шаарларында кымкуут, башаламандык болуп, мигранттар өтө эле көбөйүп кетиптир. Бирок, Америка мигранттардын баарына жардам берип жатат. Ошонун арасында биздин кыргыздын мигранттары да алардын жардамын алып жатат. Ал жакта мигранттар иштебесе да акча бөлүп берип жатышат.

Америкалыктар Россияны басып алсакпы деп ойлонушкан, бирок орустардагы ядролук куралдан чочулап, ал ойлорун ишке ашыра албай жатышат. Түрктөрдү тукуруп, курал берип орустарга каршы койгулары келет экен. Түрктөр кокус орустарды  жеңип баратканын байкап калышса,  орустарды биротоло ойрон кылмакка өздөрү да даяр турушат.

Булак: Асман плюс

Рыскүл Бабаева, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасынын орун басары: "Элибиздин эмгектик укугун коргоо башкы максатыбыз"

Кыргызстан профсоюздун Борбордук Комитети тарабынан элибиздин социалдык, экономикалык, эмгектик укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жаатында бир топ алгылыктуу иштер жүрүп келүүдө. Алар КР “Профсоюздар жөнүндө”, “Кесиптик союздар жөнүндө”, “Эмгек мамилелери жагынан социалдык өнөктөштүк жөнүндө”, “Жамааттык келишимдер жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алышып, экономикалык-эмгектик мамилелердин чыңдалышына, социалдык өнөктөштүктүн өнүгүшүнө, профсоюз мүчөлөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого олуттуу салым кошуп келатышат.

16-октябрь, 2015-жылы КПФ ХХIII кезектеги  өткөн сьездинде мурдагы КПФ ишмердүүлүгүнө катуу сын көз караштар айтылып,  жаңы жетекчилик шайланган. Сьезддин делегаттары “КПФ 2015-2020-жылдарга ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары”, “КПФ ХХIII сьезддин делегаттарынын Жогорку Кеңешке жана КР Өкмөтүнө кайрылуусун” кабыл алышкан.

Профсоюз тармагында көп жылдар бою иштеп, бай тажрыйба топтогон Жанадил Абдрахманов анын орун басарлыгына профсоюздун бардык тармагында талбай эмгектенип келаткан Рыскүл Бабаева бир добуштан шайланган. Жетекчилик иш ыргагын жаңыча баштап, биринчи кезекте карапайым калкыбыздан тарта, жумушчу-кызматкерлердин эмгегин ар тараптан коргоого, эс алууга, кесиптик чеберчиликтерин жогорулатууга, окуучулардын жана окумуштуулардын кадыр-баркын көтөрүүгө, эмгек шарттарын  жакшыртууга байланышкан иш-чараларды алдыга койгон.

 Жакында Рыскүл Бабаеванын төрагалыгынын алдында “Бүткүл дүйнөлүк кайратман – эмгек күнү” белгиленип,  “Профсоюздар жөнүндө” мыйзамга ылайык алдыга иштиктүү милдеттерди коюу аларды иш жүзүнө ашыруу, акыйкатуу чечимдерди кабыл алуу, уюштуруу иштерин так, таасын жүргүзүү, тармактык профсоюз уюмдарына адилеттүү башкаруу сыяктуу маселелер үстүндө  журналисттер менен  талкууларды уюштуруп,  КПФнын алдыдагы милдеттери, аткаруучу иш-чаралары жөнүндө  түшүндүрүү иштерин кеңири баяндап берди.

  • Биздин демилге менен эмгек министрлиги, КР иш берүүчүлөр ассоциациясы жана Эл аралык эмгек уюмунун өкүлчүлүгүнүн катышуусунда жолугушууну уюштуруп, 2017-2019-жылга үч тараптуу социалдык өнөктөштүктүн максатын жана алдыдагы аткаруучу иштерди каарман эмгек боюнча чоң программаны талкуулаганбыз. Биздин өлкөдө минималдык төлөм акысы 960 сом болчу, азыр араң 1060 сомго жетти. Бул көрсөткүч Тажикстанда 5-6 эсе жогору.  Минималдык төлөмдү жыл сайын көтөрүп туруш керек эле, экономикалык абалыбызды түшүнүп көтөрбөй келүүдөбүз. Үч тараптуу генералдык келишимде социалдык абал боюнча атайын бөлүмдөр бар. Ага өкмөт, иш берүүчүлөрдүн эки ассоциациясы жана Кыргызстан профсоюздар федерациясы кол коет. Ал келишимде минималдык төлөм, эмгекти коргоо, эне менен баланы коргоо, аялдардын төрөт убагында декретный отпуска алып, кошумча пособия албай калгандыгы, өспүрүмдөрдү коргоо, пенсия системасы, көмүскө иштегендер боюнча көйгөйлүү маселелерди киргизгенбиз.
  • КПФнын реформалоодо алдыга кайсы максаттарды койду деген суроону узаттык.
  • КПФнын жетекчилигине шайланганыбызга октябрь айынын 16сында бир жыл болот. Биз алгач ишти баштаганыбызда тармактык профсоюздардын төрагалары, облустук профсоюздун жетекчилери, аппарат кызматкерлери менен ачык-айкын талкуу жүргүзүп, буга чейин орун алган кемчиликтерди жоюу, алдыдагы албан иштерди аткаруудагы максаттарыбызды терең талдап, анын негизинде план түзүп чыктык. Ал планда бир жылда жана эки жылда аткаруучу иштерди так көрсөттүк. КПФнын уставына ылайык профсоюздар тарабынан берилген төлөмдөр боюнча жана КПФга караштуу  кыймысыз мүлк боюнча атайын комиссия түзүлүп, федерацияга тиешелүү кыймылсыз мүлктү толугу менен жыл аягына чейин рыноктук баа менен комиссия инвентаризациялоо иштерин жүргүзөт. Жыйынтыгы жыл аягында өтүүчү сьездде талкууланат. КПФга тиешелүү санаторий, эс алуу үйлөрүн, пансионаттарды, туристтик базаларды сактап, оңдоо иштерин жүргүзүп, карапайым калк үчүн кызмат кыла тургандай  аракетин көрүп жатабыз. 2015-жылы жана быйылкы жылдын жарым жылдыгында 1309 негизсиз иштен которуу, мыйзамсыз жумуштан бошотуу, өз убагында айлык акынын берилбей калганы, эмгек китепчесин кармоо, иште коопсуздук жагдайлардын түзүлбөгөндүгү жана башка эмгек мыйзамын бузган фактыларды айкындадык. 96 жолу сотко катышып, 8618 оозеки жана жазуу түрүндө консультация, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Элибиздин эмгектик укугун коргоо башкы максатыбыз.
  • Эл аралык эмгек уюму менен байланыш кандай болууда?
  • Эл аралык эмгек уюму БУУнун агентствосу болот. Көп өлкөлөр анын ичинен биздин мамлекет да ага мүчө болуп эсептелет. Негизги офиси Женевада, бул жерде да өкүлчүлүгү бар. Аларга төлөнүүчү төлөмдөр көп жылдан бери төлөнбөй жатканына карабастан, профсоюзга бардык тараптан колдоо көрсөтүп жардам берип турушат. Көмүскөдө иштегендер боюнча семинарларды өткөрүп беришти. Ал боюнча видео ролик чыгардык.   Видео ролик телевидение аркылуу байма-бай берилип турса элибизге көп пайда алып келмек, тилекке каршы бир-эки жолу көрсөтүлүп, ошол боюнча берилген жок. 2008-жылдан бери кабыл алынган Конвенциянын бири да ратификациялана элек. Төлөмдөрдү жыл сайын пайыз менен төлөп туралы деген чечимге келүүдөбүз.
  • Мамлекеттик экотехинспекция менен биргеликте курулушта, өндүрүштө жана башка тармакта иштеген адамдардын бөөдө кырсыктан алдын алуу боюнча кандай иштер жүрүүдө?
  • 2014-жылдын 28-апрелинде КПФ менен Мамлекеттик экотехинспекциясы менен эмгекчилердин укугун жана эмгекти коргоо боюнча мыйзам бузууларды таап, аны калыбына келтирүү боюнча келишимге кол коюлган. Профсоюздун техникалык эмгек инспекциясында иштеген 26 адамдан турган  кызматкерлердин тынымсыз иштеринин натыйжасында  өткөн жылы эмгекти коргоо боюнча 300 ар тармактагы мекеме-ишкана текшерүүгө алынып, 2000 талап бузулганы аныкталган. Текшерүү ишмердүүлүктүн натыйжасында иш берүүчүлөргө 271 эскертүү берилген. Жылына 500 жакын адам өндүрүштө бөөдө кырсыктан жабыр тартышат. 100гө жакын адам майып болуп калышууда. Эмгекти коргоо жаатында  адамдардын укугу бузулуп жаткандыгы боюнча 1000ден ашык арыз, даттануулар түшүп, ал боюнча тийиштүү чараларды көрүп турабыз.

Көптөгөн сыйлыктын-сыймыктын ээси болуп келаткан Рыскүл Бабаеваны, анын жалпы жамаатын алдыдагы кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эл үчүн эмгек өтөп келаткан иштерине албан ийгиликтерди каалайбыз.

Асан  АКМАТОВ

Булак: Фабула     

Журт бузар… же Өмүрбек Текебаевдин саясый бейнесине сүртүмдөр

Башкы “мародёр” Текебаевдин башы көрүндү

Нарын жергесинде эл менен жолуккан Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков “Ачыгын айтайын, саясатта менин эки устатым бар. Анын бирөөсү Атамбаев болсо, экинчиси Текебаев”-деп (“Кыргыз Туусу” № -75 (24068) 2016-жылдын 23-сентябры) абдан туура сөзүн айткан экен. Чынында, ушул эки үлкөн саясатчыны карап, элибиз түздөнө турган инсандар болушу керек эмес эле. Төраганын айткан сөзүндө калет жок. Балким “мародёрлук” темасы көтөрүлүп жаткан учурда төрага да өзүнө душман кылгысы келбеген чыгар. Атамбаев менен Текебаевдин тирешинде ЖКнын төрагасы Ч. Турсунбеков “эки устаты” туурасында лам этип ооз ачпаганы өкүнүчтүү. “Эки дөө кагышса ортодо чымын өлөт”-болбосун деген позицияны карманып турат го сыягы.

Бул эки үлкөн саясатчынын ортосундагы мамиле бузулуп, жарака улам тереңдеп, кеңейип баратканын кадимки саясатчылардан, карапайым адамдарга чейин сөз кылып жатышат. Атамбаевдин доорунда Өмүрбек Текебаев андан куугунтук жеген жок, кайра анын “эрке талтаң баласы” бойдон калды. Бирок Атамбаевдин доору аяктап баратканын туйуп, өзүн куугунтук жегендердин катарында көрсөткүсү келип жатканы байкалууда. Бул бийлик өкүм жүргүзүп турган аралыкта ал эмнени кааласа, ошону жасады. Караламан эл ичинде “Өмүрбек мырза “көмүскө президенттей” кимди кызматтан кетирем десе кетирип, каматам дегенин каматып, каалагандай калчап жүрөт… Текебаев азыркы бийликтин “Кудаяр ханындай” эле доор сүрдү. Атамбаев ага отурган президенттик тагынан башканын баарысын берди. Өмүрбек мырзанын айтканы-айткандай, дегени-дегендей болуп турганын ким танып кете алат. Бул жагынан президентке нааразы болбой эле койсо болот. Кийинчерээк, “Конституциянын атасымын” –деп көкүрөгүн кага берген Текебаевдин тизгинин тартып койгону ага жакпай калды көрүнөт..”-деген пикирлер айтыла баштады.

Атамбаев Ала-Тоо аянтында “Мародёрлор” туурасында катуу айтканы бар эле. Бирок, “сокур өзүнө алат” дегендей “мародёр” деген сөздү Текебаев өзүнө алып Атамбаевге душман болду да калды. Өткөн шайлоодо “Ата-Мекен” партиясы эң начар добуш алганы аз келгенсип, бир да партиянын фракция башчылары Текебаевдей бул бийликке эрке талтаң болгон жок. “Мен айткандай болуш керек!” деген эгоист Текебаевдин бул кылыктарына жалпы эл да нааразы боло баштады. Өмүрбек Текебаев кызыл өңгөчү үзүлгөнчө “мен мародёр эмесмин!”-деген сайын, ал жарлык ага уйгактай жабышты да калды. Өмүрбек Текебаевдин бир афёрасын Өмүрбек Абдрахманов мындайча баяндап берди. Ал жакында эле “Жаңы Ордо” гезитине (№ 20(525) 30-сентябрь, 2016-жылы) берген маегинде: “Максимдин БНКсын Текебаевдин балдары басып алган. “Ата-Мекенден” коюлган Фонд министри Абдылдаевдин приказы менен Текебаевдин үкаси жана жердеши Сайдилла Нышанов башчы болуп дайындалган. Текебаев Максимдин “макүрү” акчасын алып жатат деп көп эле айткам. Кийин БНК аукционго коюлуп 34,556 миллион долларга сатылып кеткен. Бирок, эки-үч күндөн кийин аукциондун жыйынтыгын жокко чыгарышкан. Андан соң Текебаевдин суранычы менен фракция жетекчилери кол коюп БНКны түз сатууга чечим чыгарышкан. БНК түз сатылып аны 2,924 миллион долларга өздөрү сатып алышкан. Бир топ убакыт өткөн соң БНК 39 миллион долларга “Роснефть” компаниясына сатылып кеткен. Мамлекет мында 36 миллион доллардан кур калган. Бул афера боюнча Коррупцияга каршы агенство кылмыш ишин ачкан.” -деп тастыктап берген эле.

Ө. Абдрахмановдун бул маеги коомчулук арасында бир топ ызы-чууну жаратып, Текебаев өзү жактырган соцсеттерде көп талкууланды. Өмүрбек Чиркешовичтин бул афёрасы ММК беттерине жарыкка чыккандан бери анда уйку жоктой сезилет. Текебаевдин “оту менен кирип, күлү менен чыккан” кол баласы, анын “кошелогу” аталган Сайдилла Нышановго кылмыш ишин козгосо эле, ал Арстанбаптын жаңгак токоюндагы булбулдай “бул иште Өмүрбек акам да бар эле! Аны да ала жатайын…”-деп сайрап берээри бышык. Кээбир саясатчылардай КГБнын подвалында эки ай кармабай эле Сайдилланы бир участкалык инспектор 2 саат суракка алса эле анделектей бант берип, бышат. Эгер коомчулук көңүл буруп караса, Текебаевдин ачкычы Нышановдун колунда тургандай таасир калтырат. Бизнестин битин сыгып, май кармаган бармагын жалап, бардар турмушта борпоң өскөн жигитте көп сырлар бар сыяктуу. “Ата-Мекендин” лидери Атамбаевди жалпы кыргыз элине Максим Бакиевдин жерин басып алган коррупционер катары сыпаттап, шектүү пикир туудуруп келүүдө.

Кыргыз элинде “кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет” –деген сөз бар эмеспи. Кыргызстандагы Максим Бакиевге таандык БНК май куюуучу жайларын 2010-жылдары иштетип турган Сайдилла Нышанов экенин элибиз жакшы билет. Бизнестин адамы катары Нышанов мындай майлуу жайдын баасын жакшы билчү. БНК боюнча чырдуу иштин артында ким турарын, чыныгы мародёр ким экенин, башкы коррупционер ким экенин кимдир бирөө мыйзамдуу жол менен далилдеп бериши керек болуп турат. СДПКнын депутаттарынын да бирдиктүү командасы жок сыягы. Ушул даражага жеткирип, аларды депутат кылган Атамбаевди ит талагандай көрүнгөнгө талатып коюп карап отурушат. Канткен күндө да Текебаев жалгыз өзү баарын талкалап, шаштысын алып жатканын да коомчулук сөз кыла баштады. Президенттин бирдиктүү, аны коргой турган чыныгы партиялаштары деле жок өңдөнөт. Эртең Текебаев президент болуп калса, ага да жаман көрүнбөйлү деген пендечилик сезим менен бирин-бири аңдып карап отурушабы?

“Текебаевдин айланасы да улам жукарып, акча менен келген “олигарх” депутаттары кемеден качкан келемиштердей андан кача башташты. Аны жанынан апендинин кызындай мактап, жанталашып коргогон Шыкмаматов, Никитенко, Саляновалардын гана караанын көрөсүң. Башка партиялаштары бийликтен коркуп, шымдарын булгап, башын кумга каткан төөкуштай болуп жашынып жатышат…”-деп коомчулукта уу-дуу сөз айтыла баштады. Канткен күндө да Текебаев президентти ыңгайы келсе-келбесе сындап отуруп партиясынын рейтингин бир аз болсо да көтөрүп алды. Аны да моюнга алалы. Убагында Акаев, Бакиев, Отунбаеваны саткан саясатчылар эми кетерине бир аз калган Атамбаевди сатып кетүүгө түйүнчөктөрүн түйүп даяр турушкандай таасир калтыра баштады. Биздин саясатчылар ушул “чыккынчылыкты” абдан жакшы өздөштүрүп алганы белгилүү эмеспи. КСДП партиясынын көпчүлүк депутаттары да балык болуп Атамбаевди ачык коргой албай отурганы да ушундан. “Эл арасында калпты чындай айтуу менен Текебаевдин саясый салмагы кыйла көтөрүлүп, Атамбаевдин жеңүүчүсү катары аброю көтөрүлүп келүүдө. Айтмакчы, падышанын алдында да болгон чындыкты гана айта билген, кара кылды как жарган Өмүрбек Адрахмановдун маеги ММК беттерине чыккандан бери Текебаевде уйку жок, аны карап, кечээ эле калмактын баатырындай болгон Сайдилла Нышанов өзүнүн көлөкөсүнөн өзү коркуп, “…ушул БНК чырына кайдан аралаштым экен!”-деп бармагын тиштеп көзү чанагынан чыгып кетчүдөй алаңдап, араң эле жүрөт”-дешет аны жакындан билгендер.

Кечээ эле Текебаев жалпы кыргыз элине теледен “Атамбаев дагы бир жылың бар, эркек болсоң мародёрду тап!” деп калчылдап, кекетип сүйлөгөндө андан өткөн жолборс жок эле го. Максим Бакиевдин БНКсы айтыла баштагандан бери Текебаевдин баштагы дымагы өчүп, үнү чыкпай калды. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Өмүрбек Текебаев анчалык ак, таза болсо эмне үчүн Ө. Абдырахмановго алгач Феликс Куловду, андан кийин Равшан Жээнбековду ортого салып, достошууга чакырып жатыптыр? Кулов менен Жээнбеков экөө биригип, Өмүрбек Абдрахмановду ресторанга чакырышып, боор тартыша сүйлөшүп отуруп, Өмүрбек Текебаевдин мындай сөзүн: “Эки ай мени сындабай турсунчу, анан алдынан өтүп өзүм кечирим сурайм”- деп айтканын далилдеп берчү кишилер бар. Абдрахмановдун алдына башын ийгени Текебаевдин шаштысы кетип, сынып калганын көрсөтөт. Сатып кеткени үчүн Сайдилла Нышановду “Ата-Мекен” партиясынын депутаттыгынан кетиргени жатканы туурасында сөз болуп жатат. Партиянын лидери болгон Өмүрбек Текебаев Сайдилла Нышановду тегирмендин парасына түртө салып, өзү суудан кургак чыкканы турат окшойт. С. Нышанов камалып кетсе да Текебаев кабагым, кашым дебейт, ага баары бир, аны практика жүзүндө бирнече ирет далилдебедиби. “Депутаттык мандаты жок көчөдөгү С. Нышановду ким тоготот эле. Сайдилла мырза ЖКга эл үчүн иштеп бергени келди дейсиңерби? Ушундай кооптуу учурда жеке бизнесинин кызыкчылыгын, депутаттык мандаты менен сактаганга гана келгени белгилүү иш да…”-деп айтып жатат көпчүлүк. Кыргызстандагы өзүн эң таза адам катары көрсөтүп келген Текебаевдин артка чегинүүсүнө эмне себеп болду? Мынчалык чуркап калганына караганда Текебаевдин бир балээси, мандеми бар көрүнөт… Атамбаевге асылып, токойдон сыртка чыккан “жолборстун” абалын чагылдырган Текебаевдин абалы бүгүн оор. Ал эми ошол жолборс кези келгенде бурчка такалган мышыкка айланып калбаса экен. БНК операциясындагы аферасы чын болсо Нышанов менен Текебаев да мыйзам алдында жооп бериши зарыл. Текебаев жазган мыйзам өзүнө да тиешелүү болушу керек. Бул жагын мезгилден озунбай күтө туралы…

“Чагымчы”

Айыл жергесинде, эки адамдын башын бириктирбеген чагымчы адамдар болот. Саясатта да ошондой чагымчы адамдардын бири-бул Өмүрбек Текебаев экени талашсыз. “Атамбаев ооруп калыптыр” дегенде, ошол күндөрү жалпы кыргыз эли Туркия тарапка кулак төшөп калды. Ал эми карапайым калк, Жараткандан журт башчысынын амандыгын, өмүрүн тилешти. Жакын санаалаштарынын айтканына караганда жалгыз гана Текебаев ичинен кымыңдап “мага кесир сүйлөгөндөр, жолуму тоскондор ушундай болот…”- деп кудуңдап, сүйүнүп турду дешет. Ал эми Өмүрбек Текебаев гезит беттерине сыр билгизбей, калп эле айкөл адам болуп ”Биз тезирээк сакайып кетсин дегенден башка эч нерсе айта албайбыз. Саясый учурда гана атаандаш болбосок, адам катары, мен Алмазбек Атамбаевге ден-соолук каалайм…”- деп мырзалык сөзүн айткандай маек бериптир. Аны окугандар, “бала оңолгон экен” деп Өмүкеге ыраазы болушса керек. Ушул эле айткан сөзүнө өзү каршы чыккандай болуп, жакында өткөн Курултайда “Бүгүн, Конституция кандай, “чекке жеттик”, деп атпайбызбы? Алсак, ички жана тышкы саясат толук “банкрот” болду… Атамбаев Туркияга барганда Эрдоган, “Бир дагы клиника кабыл албасын. Мага Атамбаев деген сөздү угузбагыла!” дептир. Бир ооруканага бара алган жок. Акча төлөп мейманканага жатып анан Путин алып кетиптир,”- деп Өмүрбек мырзанын өзүнө гана таандык ириген сөздөрү оозунан чыкканын теледен көрдүк. Бул сөздү айтуу менен ушунча жылдык кадырын түшүрүп алды.

Башта журналисттер “дептир” деп макала жазса, Текебаев аларды сотко сүйрөөчү эле. Эми, дүйнөлүк кадыр-баркы бар Туркиянын президенти Эрдоган, Текебаевдей пастикке түшүп, ушундай көчө ушагынын деңгээлиндеги андай сөздөрдү айтпаса керек. Кыргыз президенти Атамбаевди Туркиядан орус президенти Путин алып кетти деген бир дагы кабарды, дүйнөлүк ММКлардан уккан жокпуз. Өмүрбек Текебаев көчө ушагынын деңгээлиндеги такталбаган маалыматтарды элге жарыялап жатат. Азыр Атамбаев Өмүрбек мырзаны айланасына жолотпой койгон күндөн бери андан ушак сөздөрдү айтуу менен өч алууга, мазактоого өтүп алды. Аны Путин алып чыгып баратканда Текебаев алардын жанында тургандай сөз кылганына жол болсун. Бул Текебаевдин учурган кош өрдөгү деп түшүнсө да болот. Бул жолу да Өмүрбек Текебаев чак түштө чагымчылык кылды деп айтсак жарашат. Айтмакчы, эл арасында “Ата-Мекендин” лидери көзү ачык, бүбү-бакшыларга эң көп барган саясатчы деп айтышат. Асылбаш айылынан чыкпайт деген кептер ээрчип жүрөт. Атамбаевдин жана башкалардын сүрөттөрүн койдуртуп алып, кара дуба окутат экен деген сөз да бекер жеринен айтылбаса керек…

Текебаев өзү “сүткорбу?”

Текебаев тынч жаткан кыргыз элин, жеке кызыкчылыгы үчүн чагымчылык кылып дүрбөлөңгө салып койду. Атамбаев, Өмүрбек мырзаны өзүнүн айланасына жолотпой койгондон кийин ал президентке каршы сүйлөп, уйгактай жабышты да калды. “Дастан” заводуна караштуу делген 2,7 га жерди “Максим Бакиевдин жери” деп чагымчылык кылып чыкты. Текебаев ушул маалыматты эртедир-кечтир кереги тиет деп “бокчосунда” катып жүргөн го. Эгерде Атамбаев менен мамилеси бузулбаганда элге жайган маалымат Текебаевдин ичинде “котур таштай” катылып жүрө бермек экен. Максим ошол жердин акчасын төлөп, анын колунда ошол жердин “кожоюну” деген кызыл китеби болгон күндө гана, ал жер Максим Бакиевге таандык жер тилкеси деп айтылмак. Атамбаев деле Текебаевдей оозун кургак чөп менен аарчып, аялына каттатып коюп эч нерсеси жок “бомж депутат” же саясатчы болуп чыга келсе болмок.

Ага абийири жол бербеди окшойт. Ошол жер үчүн Атамбаев өз чөнтөгүнөн 33 миллион сом акча каражатын төлөп сатып алганы боюнча маалыматтар гезит беттерине чыкты. “Ал эми баарына үлгү болчудай көрүнгөн Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңеште жашаган үйүн менчиктештиргенде болгону 80 сомдун айланасында акча төлөп алганы уят эле иш да. Уялып койсо болмок экен. Кембагал болбогон соң үч комната үйдүн акчасын азыркы баасында төлөп койсо жүзү жарык болмок. Табиятынан сараң, өмүр бою мамлекеттин казынасынан үй-бүлөсүн багып келген адамдын кылары ушул да”-деп коллегалары сөз кылып жүрөт. Текебаев анчалык эле чынчыл экен ушунча жыл ал маалыматтарды катып жүргөнү түшүнүксүз. Азыр элге айткан чындыгын эки-үч жыл башта жарыя кылбайбы? Бүгүнкү күндө Өмүрбек Текебаев жеке таарынычын Атамбаевге айтам деп отуруп өзүнүн “көчүгүн “ аңырайтып ачып алды. Текебаев Атамбаевге асылбаганда “аялынын” элден катып жүргөн мынчалык байлыгы ачыкка чыкпайт эле. Үйү жок, жашоо шарты селсаяктардан бир аз гана жогору жашаган Текебаев оозун басып жүргөндө жабылуу аяк, жабылуу бойдон калмак экен. “Бай-батча” аталган Текебаевдин аялынын атына жазылган ушунча байлыгы бар экенин эч ким билбей калышы мүмкүн эле. Элдин арасында деле ушул сөз, айтылып келет…

Интриган

Кыргыз саясатындагы эки үлкөн адамдын (Текебаев менен Атамбаевдин) тирешүүсүн А. Бекназаров “Конституциялык реформа кылабыз дегенде Атамбаев Текебаев менен сүйлөшпөй койду. Так айтканда Текебаевди кошпой койду эле Текебаев ошого теригип кетти. Кара мышык ошол эле…”- деп (“Жаңы Ордо” № 17 (522) 9-сентябрь, 2016-жыл) туура пикирин айтты. “Текебаевдин жыйырма беш жылдан берки өмүрүн, саясый жүрүм-турумун карап көрсөк, жалаң бузукулук, бирине-бирин кагыштыруу менен өтүптүр. Бузукулукту өзүнө кесип кылып алгандай көрүнөт. Өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн Текебаев шайтан менен болсо да дос болот. Акаевди түшкө чейин сындап, түштөн кийин ага ак кызмат кылып мыйзамдарын жазып жүрүп “заслуженный юрист” болгон жигит Өмүрбек Текебаев эмес беле. Төрага болуш үчүн кечээ эле “Акаевди аялы менен Румын президентиндей атыш керек!”- деген Текебаев бет чүмбөтүн өзгөртүп, качып кеткен Акаевдин артынан жетип барганын элибиз унута элек. Ушул да принципби? Ал эми жакында Роза апчесине (Отунбаеваны-ред.) күйгөн адам болуп, аны калп жерден калкалаган адам болуп өзүнө тарта алды. Чачыранды “оппозиционерлерди” да жакын тартып, Атамбаевге каршы курал катары колдонуп, тилинен чыга албаган өзүнө караштуу гезиттерине, теле каналдарына байма-бай чыгарып, бийликке каршы сүйлөтүп, алардын колу менен чок кармап жатканы калпбы? Кыргыз оппозициясынын “ветерандары” азыр анын катарын толуктап жаткан кез. Өмүрбек Текебаев бирөөлөргө “Эгер, Атамбаев токтобосо анын эң жакын адамы, анын партиялашы, Максимдин арак заводу менен банкын аялына менчиктеп алып бергенин элге жарыя кылам” дегени бекеринен эмес. Бу, така энди кайсы саясатчыны сүзгөнү калды…”- деп түштүктүн эли күтүп отурат.

“Мен эркекмин”

Кыргыз элинде “бир шизик, бир физик бар”, ошолор чоң саясаттан кетмейин Кыргызстанда эч качан тынчтык болбойт деген сөз айтылып келет. “Азаттыктын” берүүсүндө, өзүнөн-өзү тутанып кеткен Текебаевдин “Атамбаев, мен Текебаев эч жакка качпайм. Бир жылың бар, тап! Таппасаң, мөөнөтүң бүткөндөн кийин сени менен өзүм сүйлөшөм. Эркек болсоң тап. Мен Текебаев, эркекмин, эч жакка качпайм!” деп теледен бакырып, өкүрүп чыкты. Өмүкени эркек эмес деп ким айтты? Өзү эле эркекмин деп жатат. Анын бул түрүнөн коркуп кетип телевизорун өчүрүп салгандар да болгондур. Бул саясатчынын психикасы соо эмес. Анын ден соолугун сөзсүз текшертиш керек. Оорукчан адам гана ушундай сүйлөсө керек. Бул жигит мамлекеттин кызыкчылыгын эмес, дайыма жеке керт башын баарынан жогору койгон өзүмчүл адам экени элибизге белгилүү. Текебаев эркек экен, ушул сөздөрдү буга чейин эмне үчүн айтпай келген? Анткени, жеке кызыкчылыгы үчүн Атамбаев менен мамилени бузгусу келген эмес. Айта алмак да эмес, анткени Атамбаев менен мамилесин бузгусу келбегени белгилүү. Кудай сакта, анын жанагы сөздөрүн уккандар, Өмүрбек мырза “разборщик” же рэкет болуп кеткенби деген жаман ой кетет экен.

Текебаевдин эркек же ургаачы экени кимге кызык? Жанагы порно фильмде үй-бүлөсү бар келинди мойнунан кемер-кур менен байлап, зордуктаганын айтып, эркектигин өзү эстеп жатабы, ким билет. Белгисиз… Ушул жерде бир окуя эске келип кетти. Ө. Текебаев – өзүнүн никесиз баласын айта албаган адам да эркек боло алабы? Албетте жок. Кыргыз элине белгилүү журналист Бермет Букашевадан никесиз баласы бар экенин жалпы кыргыз элинен жашырып келет. Ушул анын эркектигиби? Эркектик туурасында Өмүрбек Текебаев сөз кылбай эле койсо. Алгач Текебаев “ал менин балам эмес” -деп жардам бергенден, алимент төлөгөндөн кача баштаган учуру болуптур. АКШда жашоо чынында оор. Бермет Букашева тың, журналистикада өз орду бар кыздардын бири. Жардамга муктаж болуп Текебаевге телефон чалса албай койгон учурлары болуптур. Качан гана АКШдагы Кыргыз республикасынын толук ыйгарым укуктуу элчиси Замира Сыдыкова (ал Ө. Текебаевдин заочный кайын эжеси эмеспи) Америкадан келе жаткан белгилүү саясатчы, депутат Абдрахмановго “Текебаевге айтып койгула, АКШда да жашоо кымбат, ал эми журналист Бермет Букашева менен жашап жаткан Текебаевдин баласы ачка жүрөт. Өмүрбектин баласын багыш үчүн Бермет ар кандай оор жумуштарды аткарууда. Абалы оор. Бүгүн ал жардамга муктаж. Баласына колунан келишинче жардам берсин. Анын чоң саясаттагы кадыр-баркы төгүлбөсүн деп басма сөзгө чыгарбай келебиз. Өз баласына жардам бербесе, анын абийирин төгүп коюуга аргасызбыз!” деген таризде океандын ары жагынан ысык салам дубайын айтып жиберет…

Биз укканга караганда өз канынан жаралган баласына жардам бергенден качкан Текебаевге караганда, ошол кезде Келдибеков колунан келген жардамын берген дешет. Бул жигитчилик эмеспи. Ал Текебаевден коркконунан эмес, тамырында кыргыздын каны оргуштап жаткан кыргыз баласынын башы оор кырдаалда калган учурда, агалык колун сунуп берген жардамы болсо керек. Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турганда Бермет Букашева анын кеңешчиси болгону белгилүү. Балким, “аңгилик” боюнча тажрыйбасы мол Өмүрбек Текебаев Жаныбек Жанызактын “төшөк кумары” сабагынан кеңеш бергендир. “Ычкыры бош” Текебаев бул ирет да кармалган экен деп кала бересиң. Эми, эки буттун ортосундагы “кичинекей башын” башкара албаган Текебаев өлкөнү башкара алмак беле? Өз “сийдигинен” жаралган баласын башынан сылап “… атаң мен болом, каралдым! Кандай жардам керек болсо айтып тур… Жардам берүүгө мүмкүнчүлүгүм бар…” -деп коё албаган белгилүү саясатчыны кантип эркек деп айта алат элек. Кантсе да, Текебаев кара пиардан коркуп кетип, “никесиз баласы үчүн 8000 миң долларды АКШга барган ЖКнын ошол кездеги депутаты Жоомарт Сапарбаевден берип жибергенин уккан жайыбыз бар эле. Андан кийин ал АКШдагы өз баласына жардам бергенби, жокпу аны бир Кудай билет. Өз канынан жаралган баласына аталыгын айта албаган, жардамын бере албаган Текебаевдин эмнеси эркек? Анан, кайсы арына башкаларга акыл үйрөтөт. Өмүрбек мырзанын океандын ары жагындагы баласы да бир кезде эрезеге жетет, азыр жеке карьерасы үчүн коркуп жаткан атасы анын бетин кантип карайт болду экен? Өз баласынын Конституциялык укугу тебеленип жаткан кезде жардам берүүдөн качкан Өмүрбек Чиркешович, Конституция туурасында сөз кылбай эле койсо дурус болмок. Анан кайдагы Конституцияны айтабыз.

Чет мамлекеттердин биринде болгондо Өмүрбек Текебаев мындай иши үчүн өз шайлоочуларынан кечирим сурап чоң саясаттан кетүүгө мажбур болмок? Текебаевдин бети топоздун терисинен да калың окшойт, өзүнүн энеден туума жылаңач, адамды иренжиткен, башкы “мазохисттин” ролун мыкты аткарган “актёр” Текебаев “порнофильминен” кийин да кыргыз элинен кечирим сураганга кудурети жеткен жок го. Кечирим сурабайт дагы. Кантип анан, “оорукчан мазохист”, моралдык жактан бузулган, көрүнгөн келин-кыздардын чатына колун салып жүргөн Текебаевге Конституциябызды жаз деп колуна ручка берелиби? Эч качан бербешибиз керек… Анын колдору булганып калган. Бул ирет, ыйык Конституциябызды жазууда аны ага жакын жолотпой туура кадам жасадык. Элибиз да ушул ишти туура кабыл алып жатат. Өмүрбек Текебаевге, биз ыйыктын-ыйыгы болгон Конституциябызды жаз деп бермек белек. Бул ирет депутаттарыбыз Текебаевсиз Конституцияны жазууга киришкендери, кош колдой турган иш болду.

Атамбаевдин “мандикари”

Ак үйдүн “Жириновскийи” аталган Текебаев акыры жарылды. Жарылганда да бүт Кыргызстанды сасытып жиберди. Ушундай болмок эле. Иса Өмүркулов “ Текебаев президентти ачык каралады, муну өч алуу десек болот”- деп туура айтты. Чынында ошондой болду. Атамбаев менен Текебаев экөө тең табиятынан эки башка адамдар. Парламенттик шайлоодо жыдып, жүдөп калган “Ата-Мекен” партиясы Атамбаевдин “добросу” менен эптеп-септеп Жогорку Кеңешке киргенин унутту. Баштагысында Роза апчеси “Ата-Мекенди” кулак-мурдунан чоюп отуруп “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын ордуна парламентке алып келгени маалым. Алгачкы күндөрү Атамбаевдин жакшылыгын эстедиби, Ө. Текебаевдин үнү чыкпай, чөптөн жапыс, койдон жоош жүрдү. Эми, парламентке көчүгүн батырып алган соң, Өмүрбек мырзанын өнөрү чыгып, тили бүтүп, баягы итчилигин баштады. Бекер жеринен эл арасында Өмүрбек мырзаны “көтчукугуч” деп айтышпаса керек. Эски оорусу кармап, үнү катуу чыгып, өнөрү да байкала баштады. Өзү айткандай, кечээ эле “ляппай” деп АШАны көзүн кызартып карап жүрбөдү беле. Өзү унутса да элдин эсинде. Атамбаевдин “фас!” деген командасы менен Кыргызстанда башы көрүнгөн саясатчыларды “аңга” түртүп ыргыткан ушул Текебаев экенин ким танат. Өзү да кээде айтып жүрөт го. Бүгүнкү күндө Текебаев кийинки президенттик шайлоонун алдында атаандаштары А. Келдибеков, Ө. Бабанов, Ж. Сатыбалдиев, Т. Сариевге окшогон саясый оор салмактагы атаандаштарын саясый аренадан жок кылууда Атамбаевге “мандикарлик” (малайлык) кылып жүргөнү элге билинип калды. Аны деле эл билбейт болчу, өзү сыймыктануу менен айтып алды. Текебаев кийинки президенттик шайлоодо ушулар мага атаандаш болот деп Атамбаевдин колу менен кыргыздын башы көрүнгөн жигиттерин саясый аренадан тазалаганга аракет жасады. Мисалы Өмүрбек Текебаев: Атамбаевге кирип “Келдибековдой коррупционерди каматсаң гана сени эл колдойт! Ошол кадамга барышың керек…”-деп интрига кылган экен. “Бирөөгө гөр казсаң, терең каз…” деген ушул да. Эми ошол аңга “Ата-Мекендин” лидери өзү түшүп, чыга албай отурат. Текебаев саясаттан кетмейин Кыргызстанда эч качан тынчтык, өнүгүү-өсүү болбойт…

 Анарбек Касымов

Булак: Жаңы Ордо 

Атамбаев жана анын жан-жөкөрлөрү "Дастан" заводунун мүлктөрүн кантип менчиктештиришип алышкан?

2008-жылдын 13-ноябрында Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда «Дастан» Трансулуттук корпорациясы (ТУК)» ачык акционердик коомунун (ААК) базасында кыргыз-орус биргелешкен ишканасын түзүү боюнча макулдашууларга кол коюлган. Мындай чечим Орусия президенти Дмитрий Медведевдин Кыргызсганга болгон расмий иш сапары учурунда жарыяланган эле. Жаңы түзүлгөн биргелешкен ишкана көп пайда алып келери, ишкананын акциясынын баасы көтөрүлө тургандыгы, орус тарап ал акцияны сатып алууга даяр экендиги баарына белгилүү болчу. Төмөндө сөз дал ошол дүйнөдөгү уникалдуу, стратегиялык мааниси бар аскер багытындагы заводдун кээ бир объектилери кантип Алмазбек Атамбаев жана анын жан-жөкөрлөрүнүн колуна өтүп кеткендиги туурасында болмокчу.

Максим Бакиевдин аягына толук чыкпай калган «Операциясы»

Атасы Курманбек Бакиевдин жанында жүргөн Максим Бакиев инсайдерлик маалыматтардан кабардар болгондуктан, мындай ыңгайлуу жана пайдалуу учурду колдон чыгарып жибергиси келбей, өзү жана достору менен «Дастан» аркылуу кирешеге ээ болгусу келет. Кыргыз-орус биргелешкен ишканасы түзүлөрүн алдын ала билип Максим Бакиев «Фаберон» ЖЧКсы аркылуу «Дастан» корпорациясынын акциясынын 44,08877 пайызын жана «ТопИнвест» ЖАКсы аркылуу 6,36817 пайызын сатып алып стратегиялык ишкананын 50,5 пайыздык акциясына ээ болуп, «Дастан» ТУК» ААКсынын кожоюну болот. «Дастан» уникалдуу, дүйнөдө аналогу жок торпедаларды жасап чыгаруучу аскер заводдорунун бири. Ошентип Максим Бакиев заводго кожоюн болгон сон досу жана эң ишенген адамы Алексей Ширшовду директорлор кеңешинин төрагасы кылып дайындайт. «Дастанды» орустарга сатардан мурун заводго түздөн-түз тиешеси жок кээ бир ишканаларды өздөрүнө алып койгусу келет. Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында 2,7 гектар жерге салынып бүтө элек ден соолукту чындоочу комплекс ошолордун бири эле. Максим Бакиевдин бул ою 2008-жылдын 24-декабрында ийгиликтүү ишке ашып, аталган комплекс Д.Гладышев жетектеген «АртСтройДизайн» ЖЧКсына 26 миллион 404 миң 700 сомго сатылат. «АртСтройДизайн» ишканасы Максим Бакиевдин фирмасы болгон. Бул фактыны Максим Бакиевди соттогон сот далилдеген. Келишим боюнча, сатылган комплекстин акчасы 2010-жылдын мартына чейин төлөнүп берилиши керек болгон. Бирок ошол мезгилде өлкөдө түзүлгөн революциялык кырдаалдын натыйжасында келишимде көрсөтүлгөн каражат төлөнбөй калат.

«Кыргызавтомаштан» барган жетекчилер, кайрадан сатылган жер

2010-жылы 7-апрелде болгон элдик революция Максим Бакиев жана анын досторунун ой-максаттарынын быт-чытын чыгарат. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү декреттин негизинде Максим Бакиевдин мүлктөрүн, анын ичинде «Дастан» трансулуттук корпорациясынын 50,5 пайыздык акциясын улутташтырат. Ошентип мамлекет трансулуттук корпорациянын 98,46 пайыздык акциясынын ээси болуп калат. Убактылуу өкмөттүн кайрылуусу менен Бишкек райондор аралык сотунун 2010-жылдын 20-майдагы чечиминин негизинде Кой-Таш айылында 2,7 гектар жерге курулуп жаткан ден соолукту чыңдоочу комплекс дагы кайрадан «Дастанга», демек, мамлекеттин менчигине кайтарылат.
Убактылуу өкмөт «Дастанды» мамлекетке кайтарган соң ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары жана кийинчерээк премьер-министр катары Алмазбек Атамбаев толугу менен трансулуттук корпорацияны көзөмөлдөп, ишкананын жетекчилигине өзүнүн менчик «Кыргызавтомаш» заводунда иштеп жүргөн жакын адамдарын дайындай баштайт. Мисалы, Атамбаевдин кол алдында көп жылдар бою иштеп, анын заводдогу иштерин такай аткарып жүргөн Албек Ибраимов «Дастан» ачык акционердик коомунун директору болуп дайындалат. Ибраимов кезегинде «Кыргызавтомашта» түрдүү кызматтарда иштөө менен аягында «Автомат Эко» ЖЧКсында директор кызматын аркалаган. Ал эми башкармалыктын дагы бир мүчөсү, коммерциялык иштер боюнча директору болуп Асылбек Найзабеков дайындалат. Найзабеков да «Кыргызавтомашта» ар кандай кызматтарда иштеп, аягында «Автомаш-энерго» ЖЧКсында башкы директор болуп иштеген, Атамбаевдин жакын адамдарынын бири болгон. Ал эми «Дастандын» директорлор кеңешин «Автомаш-Радиатор» ЖЧКсында башкы директор болуп иштеген Юрий Васильев башкарып калат. Ошентип Атамбаев бул ишкананы премьер-министр катары гана көзөмөлдөбөстөн, өзүнүн кол алдында иштеген адамдарын жетекчиликке коюп, толугу менен түз көзөмөлдөйт. Албек Ибраимов кызматка келген соң Максим Бакиевдин тушунда жасалган иштер кайталана баштайт. Ал «Дастанга» кайтарылган Кой-Таш айылында жайгашкан ден соолукту чыңдоочу комплексти 2012-жылдын 11-апрелинде Анарбек Укуев деген жаранга 22 миллион 537 миң 900 сомго сатат. Ал эми Укуев 2015-жылдын 8-майында аталган комплексти Албек Ибраимовдуи аялы Айнура Ибраимовага 24 миллион сомго сатат. Айнура Ибраимова 2015-жылдын 12-майында Алмазбек Атамбаевге 33 миллион сомго сатат.
Албек Ибраимов жана Анарбек Укуев жакын достордонбу?

Эң кызыгы эми башталат… Жогоруда аты аталган Анарбек Укуев бул чынжырга кокусунан кошулуп калган адам эмес. Ал Албек Ибраимов менен жакшы тааныш. Албек Ибраимов «Дастанга» келерден мурун «Бишкек эркин экономикалык зонасын» башкарып турган. Укуев ал жерде курулуш иштери менен алектенген. Анарбаек Укуев 24.kg агенттигине Албек Ибраимов менен жакын тааныш экендигин айткан. Ошондой эле Ибраимов дагы Укуев менен көп жылдардан берки тааныш экендигин жашырбай айтып келет. Демек, бул достор дагы кадимки Максим Бакиевдин схемасын пайдаланышкан деп түшүнсө болот. Дал ошондогудай эле 2,7 гектарда жайгашкан ден соолукту чыңдоочу комплекс колдон-колго өтүп отуруп, Албек Ибраимовдун мурдагы жана азыркы шефине келип токтогон. Коомчулук бул схеманы жакшы аңдап, түшүнүп калды. Ошентип бул иш-чарада Максим Бакиевдин схемасына окшоп 1-2 адам аркылуу өткөрүлуп, жер тилке президент Алмазбек Атамбаевге багышталган тура деп жыйынтык чыгарууга болот.

«Күнөстүү жээк» пансионаты да Кой-Таштагы комплексиндей чыныгы ээсин тапмак беле?
Максим Бакиев жана анын достору Кой-Таштагы ден соолукту чьндоочу комплексти эле эмес, «Дастанга» тиешелүү Ысык-Көлдүн боюнда жайгашкан «Күнөстүү жээк» («Солнечный берег») пансионатын дагы сатып алышат. «Дастан» ишканасы пансионатты 2008-жылдын 26-декабрында ошол эле Д.Гладышев жетектеген «Билдинг Констракшн Групп» ЖЧКсына сатат. Революция болуп, 2010-жылдын 23-июнунда соттун чечими менен «Күнөстүү жээк» пансионатынын акциялары «Дастан» корпорациясына, демек, мамлекетке кайтарылат. Кийинчерээк, пансионат 2013-жылдын 18-февралында Абдыразаков Эркинбек Талипович деген жаранга сатылат. Ал кезде Албек Ибраимов кызматтан көтөрүлүп, президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары кызматында иштеп жаткан. Бирок «Дастандын» директорлор кецешин дале Юрии Васильев жетектеп турган. Абдыразаков дал Укуев сыяктуу эле арадан убакыт өткөрүп, 2016-жылдын 26-апрелинде аталган пансионатты Бекташева Токтокан Тайлаковна деген жаранга сатат. Эң кызыгы, ал адам Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын экс-лидери, азыр парламенттин спикери Чыныбай Акуновичке кудагый экен. Ал эми пансионатты Бекташеванын келини, Ч.Турсунбековдун балдызы Гулдана аттуу айым башкарып келе жатканы айтылууда. Прессада учурунда Максим Бакиев ээлеп алган менчиктерге эми Атамбаевдин жакындары кантип ээлик кылып жаткандыгы жөнүндө чуу чыккандан кийин 2016-жылдын 22-сентябрында аталган пансионат Бекташева Токтокан Тайлаковнадан Буларов Мазур Мелисович аттуу жаранга өттү. Эгерде «Ата Мекен» партия- сы Максим Бакиевдин мүлкү Алмазбек Атамбаевге өтүп кеткендиги жөнүндө фактыны коомчулукка жарыялап, шектүү иштин бетин ачпаса, «Күнөстүү жээк» пансионаты дагы Кой- Таштагы комплекс сыяктуу чыныгы ээсин тапмак беле?

«Күнөстүү жээк» пансионатына байланышкан дагы бир маанилүү жагдайга токтолуп кетүү керек. «Дастан» корпорациясы 2010-2013-жылдар аралыгында аталган пансионатка 20 миллион сомдон ашык инвестиция салып, аягында пансионатты жарыбаган акчага саткан. Тактап айтканда, Эркинбек Абдыразаков аталган пасионатты болгону 47 миллион сомго сатып алган. Иш жүзүндө пансионат болгону 27 миллион сомго гана сатылып отурат. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын текшерүүлөрүнүн натыйжасында «Дастан» аталган сатуу-сатып алуу иш- чарасынан 128,4 миллион сомдук жоготууга дуушар болгон. Пансионаттын жайгашкан жери эле 9 гектарды түзөт. Өнүккөн инфраструктурасы бар. Ушулардын баары болгону 47 миллионго бааланып, 128 миллион сомго арзан сатылып кеткен. Пансионаттын өз баасы 175,4 миллион сом экендигин Эсептөө палатасы аныктаган. Элмира Ибраимова Эсептөө палатасынын төрайымдыгынан дал ушул “Дастан” корпорациясын текшерүүлөрдөн улам алынды деген кептер Ак үйдө көшөгө артындагы талкууларда айтылып жүрөт (ред. учурда Эсептөө палатасын буга чейин президенттин жардамчысы, Президенттик аппарат башчысынын биринчи орун басары болуп иштеп келген Улук Марипов жетектөөдө). Ошентип Атамбаевдин жан-жөкөрлөрү пансионатты реалдуу баасынан эселеп арзан баада саткан. Абдыразаков бул сатуу-сатып алуу схемасында Анарбек Укуевдин ролун аткарганын түшүнүү кыйын эмес.

Президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын 31-августунда Бишкектеги «Ала-Too» аянтында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгын белгилеп жатканда «мародёрлор табылат!» деп убада берген. Азыр Бакиевдердин менчигин алган адамдарды кыргызда «мародёр» деп билишет. Элдин ушул аныктамасынан алып Караганда кимдер мародёр болуп чыгып жатат?..

К.Жунушбаев.

Булак: “Супер Инфо” гезити

Мамлекетибиз таланып-тонолуп эле жатат, жок болуп кетпесек эле болду

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов мамлекеттик кызматкерлердин сатып алууларда бир топ эле ири өлчөмдөгү акча каражаттарын сарптап жатышкандарына нааразы болуп, аларды текшерүүгө алуу керектигин билдирди. Мамлекеттик мекемелердин ичин эмеректер менен камсыздоодо, кызматтык унааларды сатып алууда ашыкча чыгым кылып жатышканы айтпаса да белгилүү эмеспи. Айрыкча мына ушул жаатта мамлекеттик мекемелер арам акча жасоону жакшы өздөштүрүшкөн. Бул маселе кайталанып айтылганы менен кайдыгер карабай туруп чара көргөн адам жок болууда. Айтор мамлекетибиз таланып-тонолуп эле жатат. Жок болуп кетпесек эле болду.

Булак: Ачык саясат 

Семетей Талас уулу: "Канадага которулган $200 млн, Россияга которулган $170 млн кайда? Ал акчалар кимдики, элдикиби, Атамбаевдики, Камчы Көлбаевдикиби?"

Белгилүү журналист Семетей Талас уулу Фейсбук социалдык баракчасынан суроо салды. «Баягы Кыргызстандын үлүшүн Кумтөргө, канадалыктарга байкабай 200 млн. доллар которуп жиберген Кыргызалтындын Жапаров деген чиновниги эмне болду жана ошол акча кайда. Минфиндин эки кызматкери Россияга 170 млн. доллар которуп кармалышты эле алар эмне болду тиги акча кайда кимдики, элдикиби, Атамбаевдики, Камчы Көлбаевдикиби. Ширшов энергосекторду мыкчып турганда 2002-жылдан 2005-жылга чейин мамлекетке 320 млн. доллар зыян келтирген. Кийин Максим кеткенге чейинки зыяндарын (элден уурдаган миллиондогон долларлар) эсептеген текшерген эчким жок. Ушундай ири фактыларды текшерип чыгышса болбойт беле. Анан жөн эле бакыра бергенде эмне. Баса, ТНК Дастан азыр Атамбаевдин менчигинде болсо, Албек Ибраимов ал жерди жетектеп турганда Индияга торпеда сатып 16 миллиард сом пайда тааптыр деп Текебаев айтты. Ошол акчаны эмне териштирбейт. Ал торпедалар ТНК Дастандын контролдук акциясы мамлекеттин колунда турганда жасалган да. Аны Албектин сатканга кандай акысы бар» – деп. Мына ушундай маанилүү маселелерге токтолбой эле бири-бирин ушакчы абысындардай шыбагандарына жол болсун. Жаза берсе гезит бетине батпайт. Бул бийлигиң деле, Текебаевиң деле оңбой калды көрүнөт.

Булак: Ачык саясат 

Өлкөнүн тагдыры Өндүрүш Токтонасыровго эле керекпи?

Өзүнүн жалгыз уюштурган пикеттери менен белгилүү болгон жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров дайыма коомчулуктун көңүл чордонунан түшпөй келет. Бул жолу Жогорку Кеңештин кетүүсү талап кылып жападан жалгыз Өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыкты.

Ө. Токтонасыров “Жогорку Кеңеш Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизсе, анда ЖК тарашы керек” – деген пикирин билдирди. Эскерте кетсек Конституцияны өзгөртүү маселесине “Ата-Мекен” фракциясы менен “Бир Болдун” депутаты Чолпон Жакупова да каршы чыгып, “Эгер, Конституцияга өзгөртүү кире турган болсо, мандатымды тапшырып кетем” – деген пикирин байма-бай билдирип келүүдө. Негизи мамлекетте маанилүү маселелер, мыйзамсыз иштер болсо Өндүрүш байке карап отура албайт, дароо пикетке чыгат. Мындан улам өлкөнүн тагдыры Токтонасыровго эле керекпи?

Булак: Ачык саясат 

Эл Текебаевдин кадырына эмес, Текебаев элдин кадырына жетиши керек

Белгилүү журналист Бейшенбек Бекешовго эмне болгон деген суроо жаралды. Ал өзүнүн Фейсбуктагы социалдык баракчасына “Эгер биз Текебаевдин кадырын билбесек, анда адам деле, эл деле эмеспиз” – дептир. Бейшенбек ава негизи сакалдуу журналисттердин катарына кирет, аны сыйлайбыз. Бирок бир Текебаевди колдобой койгону үчүн жалпы кыргыз эли эл болбой, адам болбой калабы? Ээ ботом, Текебаев биз үчүн ким? Кудайбы? Же казаныбызга аш салып берип жатабы? Эми Текебаевдин кадырына жетпегенде эмне тебелеп жатабызбы. Жыйырма жыл кыргыз эли Текебаевдин ырын жакшы эле ырдап келди го. Акыр аягында өз абийирин өзү ачып жатпайбы. Эл эмес, Текебаев кыргыздардын кадырын билбесе анда адам эмес. Мына ушуга окшогондор бийликке келсин деп 7-апрелде жүздөгөн азаматтар курман болушкан. Ошолордун үмүттөрү азыр акталдыбы? Балким Бейшенбек ава ачуусу менен бул сөздү айтып жибергендир, ошол себептүү сөзүн кайта алат деп ишенебиз…

Булак: Ачык саясат 

Балдарын канжалата мушташтырган аталар камакка алынды

Үстүбүздөгү жылдын 3-октябрь күнү социалдык тармактарда жаш балдардын кызыл чеке болуп мушташканы жарыяланып, кызуу талкууга жем таштаган болучу. Ички иштер министрлиги бул видеонун кай жакта тартылганын иликтеп таап чыкты. Көрсө жөжө короздордун мушташы Өзгөн районунун Кош-Коргон айылында болуптур. Иликтөөлөргө таянсак алты жана жети жаштагы балдарды экөөнүн аталары мелдешип мушташтырган экен. Кайран кыргыз кайда баратат. Балдарына татыктуу билим берип тарбиялагандын ордуна канга чыланганча мушташтырып. Ошондо келечек муундардан кылмышкерлер, мыкаачы террористтер өсүп келе жатабы деген ойго кептелесиң. Баса, бул балдардын аталары камакка алынды.

Булак: Ачык саясат 

Жасалма үч жүз сомдуктан сак болгула

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы “Айбек” базарында сатып алуучу соодасы бүткөн соң 300 сомдук кагаз акча берген. Бул тууралуу “Турмуш” сайты жазып чыкты. Аталган акчага Чыңгыз Айтматовдун сүрөтү түшүрүлүп 2010-жылы конкурска катышып бирок өтпөй калган. Учурда Улуттук Банк мындай акча бирдигин колдонбойт жана өлкө аймагында акча катары эсептелбейт. Улуттук Банк тарабынан 20, 50, 100, 200, 500, 1000, жана 500 сомдук кагаз акчаларды гана колдонууга уруксат.

Эгерде сиздердин колуңуздарда шек жаратуучу банкнот боло турган болсо, аны шашылыш түрдө Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча кызматка же Улуттук банкка кайрылыңыз, ал жерден адистер банкнотко экспертиза жүргүзүп, анын нактыгын аныктап алуусу керек. Шек жараткан банкнотту сатууга аракет жасабаңыздар, анткени жасалма акчаны чыгаруучулар сыяктуу эле аны таркатуучулар дагы мыйзамга жараша жоопко тартылат.

Булак: Ачык саясат 

Азизди сактап калалы

Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал, жаш болсо да бир топ ролдорду ийнине жеткире аткара алган, жалпы элдин сүймөнчүк актёру Азиз Мурадилаев учурда боор оорусуна чалдыгып, абалы оор экени айтылууда. Мурадилаевдин оорусунан сакайып кетишин тилеп көз-жашын агызган күйөрмандары бир топ колдоо көрсөтүүдө. Анын операциясына Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 500 000 сом жардам көрсөттү. Бул биринчи гана этабына. Мындан ары да жардамдар берилип турмакчы. Азиз Мурадилаев сакайып кет! Сен жаратчу образдар алдыда күтүп турат…

Булак: Ачык саясат 

Азимжан Аскаров эркиндикке чыкса эл толкушу мүмкүн...

11-октябрь күнү улуттар аралык кастыкты козуткан деген шек менен айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун соту болуп өттү. Мамлекеттик айыптоочулар бул жолку соттук отурумдун жүрүшүн видеого тартууга тыюу салды. Ал эми Аскаровдун жактоочулары аны жалпы калонияга которуп, кийиминдеги “өмүр бою эркинен ажыратылган” (ПЛС) деген жазууну алып салууну талап кылышууда.

Эскерте кетсек, БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Аскаровдун күнөөсү далилденбегендиктен аны тез арада бошотуу керектигин айтып чыккан. Бул боюнча Чүй облустук соту Аскаровдун ишинде жаңыдан ачылган жагдай боюнча ишти кайрадан карап жатат. Элди толкутуп алышпаса эле болду.

Булак: Ачык саясат 

Жаркынай Жумакожоева, төлгөчү: “Парламент таркабайт. Текебаевге чабуул катуу уюшулат”

Төлгөчү, дарыгер, айтымчы Жаркынай эже менен бу сапар көптөргө кызык болуп жаткан саясый жагдайлар тууралуу баарлаштык. Россияны, Кыргызстанды эмне күтүп турганы боюнча сурадык. Ошондой эле кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

– Парламент таркайт деп атышат, Текебаев  бу сапар президенттик такка отурабы?

– Парламент таркабайт, бирок анын таркашын каалагандар да жок эмес, баары өздөрүнүн саатын күтүп, ич ара согушуп жатышат. Президенттикке болсо төртөө аттанат, баары жаш, баарынын көрүнүштөрү дээрлик окшош. Бирок да алардын ичинен кара каш, кара көздүү, дене түзүлүшү спортсменге окшогон бала негедир  бөлүнүп турат.

Ал эми Текебаев тууралуу айтсам, Текебаев бул орунду көптөн бери күтүп, ал орунга жетүү үчүн көп жыл эмгектенген. Бирок, ортодо бир канча жыл боштук турат, мунун мээнетин кимдир бирөөлөр жокко чыгарууга аракет жасашып жатат. Азыр да аны президенттик такка жеткирбеш үчүн аракеттенишүүдө. Эгер карьералык баскычтан алып караса, бул кишиге жол бар, өзүнө ишенет бирок, көрө албастары болтурбайбыз деп катуу каршылыктарды уюштуруп жатышат. Текебаев эки ортодо турат.

Булак: Асман плюс

Мавлян Аскарбеков, “Жаңы муундун” мүчөсү: “Жолдошеванын айтканына кошулбайм”

– Жылдыз Жолдошеванын 2017-жылкы бийликке Убактылуу Өкмөттүн бири да келбеши керек деген демилгесин колдойсузбу?

– Ж. Жолдошеванын айтканына кошулбайм. 2017-жылдык Президенттик шайлоого катыша тургандарды люстрациялоо маселеси болсо, аны бүгүндөн баштап Жогорку Кеңеш карап, элге алып чыгып, мыйзам кабыл алышы керек. Акаев, Бакиев, Убактылуу Өкмөт, Атамбаев режимдерине кызмат кылгандар президенттик шайлоого катыша албайт деген мыйзам кабыл алса, шайлоо мыйзамдарын оңдоп, катыша тургандарга бирдей шарт түзүлсө, акча атаандаштыгына тыюу салынса, элибиз пейлин оңдосо татыктуу Президент шайланып өлкөбүз оңолмок. Мен 5 жылдан бери Атамбаевге кайрылып келем, Атамбаев 7 жылдык мөөнөттө көптөгөн орчундуу себептер менен, эч нерсени өзгөртө албайт. Бирок элибизди, мекенибизди ойлосо, коррупционерлердин баарына согуш жарыялап, аёосуз камап, конфискациялап, саясый аренаны таза, жаңы муун өкүлдөрүнө бошотуп берсе  чыныгы жетишкендик болмок. Биз, Жаңы Муун, таза саясый аренада, ишибизди реформадан, өзгөртүүдөн, өнүгүүдөн баштамакпыз.

Булак: Асман плюс

Меню