Menu

Света Тойгонбаева, айтымчы, төлгөчү: “Бишкекте кара дуба көп окулганы үчүн оомат кетип, береке учуп, жаман дарттар көбөйүп жатат”

“Асман плюс” гезитинин 26-май 2016-жылы жарык көргөн санында “Орто Азияда бир президент бул дүйнө менен кош айтышат” деген темада төлгөчү Света Тойгонбаева менен болгон маек жарыяланган. Арадан үч ай өтүп Света айымдын айтканы айткандай келип, Өзбекстандын президенти Ислам Каримов сентябрдын үчүндө жерге берилди. Биз кайрадан Света айымга жолугуп, бу сапар да кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

– Төбөлдөр тез арада Кыргызстандагы аттуу-баштуу көзү ачыктарды чогултуп депутаттардын жыйыны өтчү жерди тазалатпаса иши оңунан чыкпай кырдаал кыйындап, ал күтпөгөн жагдайлар орун алат. Депутаттардын да ыркы кетип, кыл чайнашкан кырдаал жаралат. Анткени, Акүйгө окулган кара дубалар жандырылбаса тескери таасирин берип, жогору жактагылардын ыркы кетип, анын кесепети өзүнө тийет. Ошондой эле Бишкекте кара дуба көп окулганы үчүн  борбор калаадан  оомат кетип, береке учуп жатат.  Кыргызстандын аурасы булганган үчүн оорунун түрлөрү да көбөйүп, андан карапайым эл жабыр тартып, мамлекетибиз туңгуюкка кептелип  жатат. Өлкө башчысы элге пайдалуу иш кылам десе, алгач Акүйдү, депутаттар  жыйын өткөргөн залды тазалатып, Кыргызстан кептелчү кыйынчылыкты алдын алышы керек. Ошондой эле кара дубаны чет мамлекеттен келген көзү ачыктарга эмес, Кыргызстандагы көзү ачыктарга жандыртса деле оң таасирин берет.

Булак: Асман плюс

 

 

 

 

 

Табылды Акеров, саясат таануучу: "Кадыржан Батыров бийликтин наадан саясатына наадандык менен жооп берди"

Кадыржан Батыровдун ЕККУда Кыргызтанда азчылык улуттар басмырланат, Конституция өзгөрбөсүн деп айтканга укугу бар беле?

Бул өтө өкүнүчтүү иш болду. Кыргызстандын алсыздыгын, биздин бийликтин карама сокур, оппозициядан башкаларга алы жетпегендигин көрсөттү. Ошол эле учурда ал Кыргызстандын бийлиги жана мурдунан чүлүктөлгөн парламенти кандай наадандык менен Конституцияны өзгөрткөн жатса, К. Батыров да ошондой эле наадандык менен ОБСЕнин сессиясына барып катышып, өзүнүн оюнун жүргүзүп жатканын көрсөтүп жатат. Эгер бийлик конституцияны мыйзамдарга, парламенттин регламентине таянып өзгөртө турган болсо, анда өлкөдө мынча чуу да чыкмак эмес да. Тиги К. Батыровдой акыйкат сотунан качып жүргөн кылмышкерлер өзүн бүтүндөй дүйнөгө жар салып, рекламалай алмак эмес да. Эмне демекпиз, бийлик, ага көз каранды парламент, К. Батыров, Ж. Бакиевдерге алы жетпей, Кыргызстанды бүт дүйнөгө уят кылып жатат шорду бийлик. Парламентте К. Батыровдун бул аракеттерине саясий баа берелик деп бакылдап жатышат. Ал эми К. Батыров бул көз каранды парламентти, өлкөнүн президентин уруп ойнобой ОБСЕден трибуна таап, шылдыңдап жатат. Күнөөнүн баары ошо К. Батыровду саясий аренага чыгууга жана трибуна таап сүйлөөгө шарт түзүп берген биринчи кезекте бийликте жана ага көз каранды парламентте деп ойлойм.

Табылды Акеров, саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты

Булак: Кyrgyztoday.kg

Видео - КСДПчы депутат Төрөбай Зулпукаров менен бирболчу депутат Мыктыбек Абдылдаевдин кайым айтышы

КР Жогорку Кеңешинин кезектеги отурумунда КСДПчы депутат Төрөбай Зулпукаров “депутаттар элдин атынан сүйлөй албайт, элдин атынан президент гана сүйлөй алат” деп жаңылык ачып жиберсе болобу.  Ага “Бир бол”  фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев бир нече суроо берүү менен дагы бир КСДПчы депутаттын деңгээлин эл алдында ачып берди.

Булак: youtube.com

“Гоиндеги” мыйзамсыз жарнамалар

«Гоин» соода борборундагы жанамалардын көбүнчөсү расмий ж.б. тилдерде жазылып турганын билдирип, Бишкек шаарынын тургундары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга кайрылган. Кайрылуу боюнча иликтөө жүргүзүү үчүн Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жарнама иштери боюнча эксперти аталган соода борборуна барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү көздөгөнү менен, ар түрдүү шылтоолорду айткан жетекчилиги менен жолуга албай келген. Бул жарнамалар боюнча жеринен  тартылып алынган сүрөттөрдү тиркөө менен Бишкек шаардык мэриясынын тийиштүү бөлүмүнө кайрылуу жөнөтүлдү.

goindegi-myjzamsyz-zharnamalar

goindegi-myjzamsyz-zharnamalar4

Видео - Атамекенчи Өмүрбек Текебаев менен КСДПчы Рыскелди Момбековдун кайым айтышы

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, укуктук реформалар жана регламент комитетинде КР Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзамды талкуулап жатып КСДПчы депутат Рыскелди Момбеков атамекенчи депутат Өмүрбек Текебаевдин чоң айыбын тапкансып, “сиз бир жерде “Конституцияны 2 айда жазганбыз” десеңиз, бир жерде “1,5 айда” деп айтыпсыз. Эмне калп сүйлөйсүз?” деп кекете жарга такагысы келди. Экөөсүнүн талашканы бир болбогон техникалык ката, бирок КСДПчы Момбеков жер-сууну бузуп бапылдады.

https://www.youtube.com/watch?v=sjP588TDM0U

Булак: youtube.com

Табылды Акеров, саясат таануучу: “Атамбаевдин трагедиясы - өз шоопурун, жылкычысын, завхозун, жансакчысын, секретаршасын, жардамчыларын, айылдаштарын, эки аялынын туугандарын бийликке алып келип алгандыгында”

Гезитибиздин туруктуу эксперти, тарых илимдеринин кандидаты, саясат таануучу Табылды Акеров: “Атамбаевдин трагедиясы – бийликке компетентсиз, чийки кадрларды, шоопурун, жылкычысын, завхозун, жансакчысын, жардамчыларын, секретаршасын, айылдаштарын, эки аялынын туугандарын алып келип алган”,- деген ойдо. Анын айтымында, кимдин коррупцинер экенин билиш үчүн, парламенттеги 120 депутаттын бүт баарынын мүлкүн коомчулукка ачыктап берүүнү талап кылыш керек.

– Атамбаев чын эле ооруп жатабы? Же Нью-Йоркко жетпей калышынын эл билбеген себептери барбы?

– Бишкектен Нью-Йоркко учуп кеткен кыргыз президенти Атамбаев жарым жолдо Стамбулга аргасыз конууга мажбур болуп, өлкө башчысы түрк доктурларынын кеңеши менен сапарын токтотту. Президент А.Атамбаев жүрөк ооруу симптомдору байкалгандыгына байланыштуу Измирдеги “Шератон” мейманканасына жеткирилип, дарыгерлердин байкоосуна алынды. Бул коомчулукта бир топ суроолорду жаратты. Саясатчылар, саясый экспертер ар түрдүү жоромолодорду айтып, саясат кызып кетти. Булардын бир даары, Атамбаев муну менен Б.Ельцин сымал, “чарчадым, кетем” таризинде, “чоң саясаттан кеткени жатат” деп чыкты. Бир даары “ал убактысынча өзүнүн оппоненттеринин чабуулунан алысыраак болуп, соккулардын чордонунда калбоону чечти жана оппонеттери бир аз тынчыганча богуп турууну туура көрдү”- дешти. Бирок, чын-чына келгенде, “Атамбаев бул амал менен тышкы саясый таасирлерди жөнгө салып алууну көздөдү” десек туура болчудай. КМШ өлкөлөрүнүн саммитинде Путинден ал Александр Невскийдин орденин алганы менен, бүгүн өлкөдө бийликтин конституциялык өзгөртүүлөрдү жүргүзүү аракети толук колдоо таппай, оңтойсуз абал жаралды. Себеби, саммиттин алдында оппозиция күчтөп, Атамбаевдин өзүнө “М.Бакиевдин жер тилкесинде үй салып жатат”,- деген дооматтар коюлуп, чабуул күчөй тургандай сүр берип калган. Ошондон улам да, Атамбаев мурда маалымдалгандай, салынып бүткөн үйүнүн ачылышын өткөрө алган жок. Мындай абалда, президент А.Атамбаев БУУ сессиясына эч камырабай кетип калышы кооптуу эле. Түзүлгөн абал жаңы тактика, жаңы кадамдарды талап кылып жатты. Ошондуктан, А.Атамбаев адеп тышкы саясаттагы абалын бир нукка салып алуу үчүн, БУУнун сессиясына катышуунун ордуна, Измирдин мейманканасына убактылуу богуп, жатып алып, саясый процесстерге анализ жүргүзүп көрүүнү туура деп чечти деген пикир чындыкка жакын. Себеби, Атамбаев БУУнун сессиясында өзгөчө көңүл кыргыз президентине эмес, тескерисинче анын оппоненти экс-президент Р.Отунбаевага берилерин жакшы билген. Экинчиден, Р.Отунбаеванын аброюнун өсүшү, Атамбаевдин Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү пландарына чоң тоскоолдук жаратмак. Үчүнчүдөн, бул 2017-жылкы президентик шайлоолордо бийлик менен Орусия каалаган адамды бийликке алып келүүгө тоскоолдуктарды жаратышы айдан ачык эле.

– К.Батыровдун ОБСЕнин сессиясына катышып, сөз сүйлөшү жөнүндө ар кандай сөздөр айтылып жатат. Сиз кандай баалайсыз?

– Бул маселде ар кандай божомолдор айтылууда. Айрымдар “бийлик сепаратисттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аларды өз тарабына тартууну көздөдү”,- деп жатышат. Ошондон улам “Фергана.ру” сайтындагы “бийлик сепаратисттердин лидерлери менен сүйлөшүп, Р.Отунбаева жана экс-УӨкө каршы билдирүүлөрдү жасатууга аракет кылып жатат” деген маалыматтын тарашы бекер болгон жок деп айтууга болот. Бирок, менимче К.Батыров адатынча өз оюнун жүргүздү. Ал ОБСЕнин сессиясына барып катышып, сөз сүйлөп, бийлик менен оппозициянын ортосундагы отту ого беш бетер курчугудай кылып, бирок, бийликке референдумду оңой өткөрүп алууга ыңгайлуу шартта билдирүү жасады. К.Батыров өз сөзүндө УӨтү кескин сынга алган жана кыргыз элин “2010-жылы геноцид жүргүздү” деп билдирип, дүйнө коомчулугуна жар салды. К.Батыровдун бул билдирүүсү, анын конституциялык өзгөртүүлөрдү жүргүзү боюнча айткандарынан да өтө кооптуу болду. Анын билдирүүсү кыргыз саясатчыларын жана коомчулугунун нааразычылыгын жаратты. К.Батыровдун кыргыз элине каршы сүйлөшү – рефедендумдун жыйынтыктарына кыйыр таасир этип, бийликке жеңилдиктерди түзүшү мүмкүн. Бирок, ошол эле учурда, бул бир эсептен бийлик саммитте Конституция боюнча референдум өткөрүүгө Орусиядан колдоо таппагандыгын айгинелесе, бир эсептен кыргыз бийлиги бул ишти эч сырткы колдоосуз эле өз жолу менен аткарууга белсенип жатканын көрсөтүп турат. Ошондуктан, Атамбаев Измирде туруп, конституциялык өзгөртүүлөрдүн жүрүшүнө кызыгып, ал иштин улантыла беришин парламенттен суранып кайрылды.

– Пан Ги Мундун өлкө башчыларына карата кескин билдирүүсү Кыргызстанга да тиешелүүбү?

– Албетте. БУУ генералдык секретары Пан Ги Мун да айрым өткөөл өлкөлөрдүн президенттери өз элинин кызыкчылыгында аракеттенгендин ордуна, өлкөнүн конституциясын өз кызыкчылыктарында өзгөртүү жана оппонент саясатчыларды, лидерлерди камакка алуу менен алек болуп жатканын белгилеп, “бул туура эмес” деп жар салышы, кыргыз президентинин адресине карай кезектеги сокку болуп калды десек болот. Пан Ги Мундун “өлкө президентинин эң негизги милдети – Конституцияны өз кызыкчылыгында өзгөртүү эмес, тескерисинче өз элиңерге ак кызмат кылуу”- деп эскертиши кыргыз коомчулугуна, саясатчыларга өз таасирин тийгизбей койгон жок. Анын бул билдирүүсү президент А. Атамбаев “БУУдан колдоо таппарына ынангандыгынан улам, Стамбулга конууга аргасыз болду” деген пикирлерди кайсы бир деңгээлде бышыктагандай болду. Пан Ги Мун өтө таасирдүү адам. Ошондуктан, эгер Конституция өзгөрүп кетип, өлкөдө абал кыйындап кетсе, анын бул сөздөрү революциялык маанайды жаратуучу курал болуп калышы мүмкүн.

– А.Атамбаевдин Стамбулга конуп, бирок, Измердеги “Шератон” мейманканасына жатып дарыланышы, анын оорубай эле, “өз бизнестерин Орусияга көчүрүү үчүн атайы трюк болду”- дегендер бар.

– “Эл оозунда элек жок”,- дейт эмеспи. “Крымга көчүрүптүр” дегендей ар кандай сөздөр айтылып жатат. Себеби, протокол боюнча өлкө башчы ооруканада жатышы керек болчу. Ошого бул маселе азырынча сыр боюнча калууда. Бирок, адилеттүүлүк үчүн Атамбаев бизнестерин башка өлкөдө деле туруп, башка жакка которуп алууга мүмкүнчүлүгү бар экенин да айтып коюшубуз шарт. Юристтер ошол жакка деле келип, документтерге кол койдуртуп алышмак да. Бирок, Атамбаевдин Москвага келип, ошол жакта дарылана тургандыгынын анык болушу Кыргызстандагы эмки саясый процесстер Кремлдин көзөмөлүндө өтөөрүн айгинеледи десек болот. Б. а. Кремль Атамбаевди жакын кармап, Кыргызстандагы саясый процесстерге өз учурунда реакция берүүнү чечти. Туркияда жатса “демилгени батыш алып кетет” деп коркту. Бул болсо “өлкөдө кезексиз президеттик шайлоолор болуп калышы мүмкүн” деген маалыматтын тарашына шарт түздү. Бүгүн Атамбаев Москвага бекер келген жок, ал Ельцинчилеп, “чарчадым, кетем” деп жар салып, “мураскерин макулдашууга барды” деген пикирлер айтыла баштады. Саясатчылар бери дегенде Москвага кулак түрүп, ошол жакты кылчактап калды десек болот. Бирок, биз “Атамбаев бул жүрүшү менен тышкы саясый таасирлерди жөнгө салып алууга аракеттенди” деп түшүнгөнүбүз оң. Себеби, бүгүн Атамбаев БУУнун сессиясына көңүл бурган жок деп эч ким сынга ала албайт, ал аракет кылды, бирок тилекке каршы ден-соолугуна байланыштуу бара алган жок. Бирок, ошол эле учурда эми Атамбаевге ички саясый процесстерди жөнгө салууга туура келет. Механикалык жактан бул оңой. Мамлекеттик машина Акаев-Бакиевдин доорунан бери бийликке иштеп келген. Бүгүн да иштеп жатат. Бир жумадан бери КТРК, ЭлТР, 5-канал ж.б. ММКлар Атамбаевдин оппоненттерине чөмүчтөп болсо чөмүчтөп, чакалап болсо чакалап жугунду куюп жатат. Бирок, ошол эле учурда булар мурдагысындай эле “миллиондорду кымырып алды” деп, айыбын ачкандар жөнүндө бир дагы маалымат беришпей, эл байлыгын талап-тоноп, элдин эсебинде жашагандарды ачыктап, уяткаргандын ордуна алардын коррупциялык кылыктарын жаап, жашырып аларга жан тартып, бийликтин ур токмогунун ролун аткарып жатышат. Ошондон улам, бийликке конституциялык өзгөрүүлөр аба менен суудай керек болсо да, “карапайым элге ошо керек бел?”-е деген суроого туушугасыз. Бирок, бул суроого жооп дайыма ачык бойдон калып келет. Себеби, Пан Ги Мун таасын белгилегендей, бийликтегилер өлкөнүн Конституциясын өз кызыкчылыгында каалаган учурда, каалагандай өзгөртүп алып жатат. Бул болсо,” бир ууч адам мамлекеттик машинаны өз кызыкчылыгында иштетип жатат”- деп коңгуроо кагуу менен барабар.

– Революционер А.Атамбаевди бүгүн эмне гана дешкен жок. Ак үйдөгү Ф. Ниязов ж. б. эле укпай жатышпаса, түрлүү сөздөр айтылып жатат. “Ууруну карма” деп кыйкырып жатышып, “өзүлөрү эл байлагын кымырып, мародерлук кылып, басып алып жаткан турбайбы” деп жатышат. Деги Атамбаевдин трагедиясы эмнеде?

– Атамбаевдин катачылыктары Акаев-Бакиевдикиндей эле. Бийликке компетенттсиз, чийки кадрларды: өз шоопурун, жылкычысын, завхозун, жансакчысын, секеретаршасын, жардамчыларын, айылдаштарын, эки аялынын туугандарын ж. б. алып келип алгандыгында. Булардын айрымдары Ак үйдүн жетинчи кабатынын кожоюну. Атамбаевди коомчулуктан изоляциялап салышкан. Президенттин аппарат жетекчиси эч нерсени чечпейт. Баарын 7-этаждын кожоюну диплому жок эле чечип жатат, “сотторду, прокурорлорду да, губернаторлорду тизет, а депутаттарды жүгүнтүп киргизет өзүнө”,- деп жазып жатышпайбы. Текебаев да каңырыгы түтөп, баарын ачык айта баштады го. Эл тажап бүттү да. Эл баарын билет да, базарга же “Дордойго” барсаңыз, “президент оорубай эле уятына чыдабай, убактылуу сыртка чыгып кетти, тегереги аны уят кылды” деп жатышат. Бирок, канткен менен, Атамбаев өз бийлик пирамидасын түзүп бүтө элек. Конституцияны өзгөрткөндөн кийин, Кыргызстанда жаңы кландын бийлиги толугу менен орношот. Бийлик бекемделгенден кийин, Атамбаевдин тегерегине эч кимдин кереги жок болуп калат. Жада калса, азыркы парламенттеги партиялардын лидерлери да саясаттан четтетилет. Парламент тараары менен жаны партиялар шайланып келет. Бул партиялардын лидерлери Атамбаевдин тегереги, жардамчылары, кенешчилери, айылдаштары, кайын журту ж. б. болуп калат. Б. а. Конституция өзгөрдөн кийин өлкөдө негизин Атамбаевдин тегереги түзгөн бир чоң кландын режими орнойт.

– “Референдумга жол жок” кыймылы бийлик тарабынан күчкө салынып жаткан референдумду токтотуу, азыркы парламентти таратуу боюнча кол топтоо жараянын баштады. Сиз колдоп жатасызбы?

– Ооба. Мен да бул идеяны колдойм. Атүгүл, мен буга дагы жаңы сунуш киргизгени жатам. Ө.Текебаевдин мүлкүн коомчулукка жар кылышты. Ал бүт мүлкүн санап берди. Мына дал ошондой кылып, парламенттеги бүтүндөй депутатардын мүлкүн коомчулукка ачыктап берүүнү талап кылыш керек. Анан алар да Текебаевчилеп ачыктап санап беришсин. Ошондо билинет ким коррупционер, кимдин элдин эсебинен жашап жатканы.

– Саясий процесстерди баамдап эле жаткандырсыз, кайсы саясатчыларга иштеп жатат. Кимдер жакшы упай топтой алды?
– Менин баамымда, бүгүн Ө.Текебаев өзгөчө манилуу кадамдар менен сөзгө алынып жатат. Мындан башка А.Мадумаров, М.Абдылдаев, Б.Төрөбаевдер позицияларын так билгизип, коомчулуктун көңүл борборунда болуп жатышат. Бул саясатчылар тегерегине интеллектуалдарды чогултуп, бийликтен айырмалуу саясат жүргүзүп жатышат. Мисалы, А.Мадумаров азыркы Конституцияны биринчилерден болуп сынга алган. Бирок, бүгүн аны өзгөртүүгө болбойт деп өзүнүн принципиалдуу позициясын көрсөтүп жатышы анын аброюнун көтөрүлүшүнө өбөлгө түзүп жатат.

Чынайым Кутманалиева
Булак: “Майдан” 

Украинанын элчилиги: "Малайзиянын учагын россиялык «Бук» ракета-зениттик комплекси атып түшүргөндүгүн эл аралык комиссия далилдеди"

Бүгүн, 29-сентябрда Украинанын Кыргызстандагы элчилиги мындан эки жыл мурун Украинанын асманында атып түшүрүлгөн Малайзиялык учакты россиялык «Бук» ракета-зениттик комплекси аткандыгын эл аралык комиссия далилдегендиги боюнча маалыматты кыргыз тилинде таратты.

“Малайзия аба жолдорунун” МН17 каттамындагы учагынын кыйроосун тергөө боюнча Биргелешкен эл аралык иликтөө тобунун өз иш-аракетинин алдын-ала жыйынтыгын элге жарыялоосуна байланыштуу Украинанын Тышкы иштер министрлиги 2016- жылдын 28-сентябрында төмөндөгүдөй мазмундагы билдирүүсүн жарыялады:

«Бүгүн Нидерланддардын жетекчилигинин астында жана Украина, Малайзия, Австралия, Бельгиянын катышуусу менен Биргелешкен тергөө топтун иш жүзүнө ашырылып жаткан МН17 рейсин атып түшүрүлүүсү боюнча кылмыш тергөөсүнүн алдын-ала жыйынтыгы жарыяланды.

Бул маалыматты элге жарыялоо биздин жалпы түпкү максатыбыздын багыты үчүн зор маанилүү учур болуп саналат – учакты атып түшүргөн бардык күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу. Бул каза болгон 298 адамдардын, алардын туугандарынын жана жакындарынын алдындагы биздин моралдык милдетибиз.

Кылмышты тергөөнүн алдын ала жыйынтыктары Нидерланд падышалыгынын транспорттогу Коопсуздук Кеңешинин өткөн жылдын октябрь айында элге жарыялаган техникалык отчеттун корутундусун аныктаганы эң маанилүү. Атап айтканда – учактын кулап түшүүсүнө «Бук» ракета-зениттик комплекстен атылган ракетада орнотулган күжүрмөн бөлүгүнүн жарылышы себеп болгон.

Ушуну менен бирге кылмыш тергөөнүн жүрүшүндө бул коркунучтуу трагедиянын себеби болгон бардык башка мүмкүн жоромолдору каралган жана жокко чыгарылган. Ушуну менен РФ тарабынан туура эмес же ойдон чыгарылган маалыматты таратуу аркылуу Биргелешкен тергөө топтун иш-аракеттерин жана тергөө жыйынтыктарынын беделин кетирүү үчүн жасалган бардык аракеттери акырына чыкты

Бүгүнкү докладдын жаңы жана зор маанилүү элементи – курал-жарактын Орусиядан Украина аймагына жеткирилип жана орустар менен алардын боевиктери контролдогон орус-украина чек-арасы аркылуу кайра чыгарылып кеткен маршруту жөнүндө маалымат

Бул дагы бир жолу агрессор-мамлекеттин учакты атып тушүрүүгө тикеден-тике тиешеси бар экендигин көрсөтөт. Жакын арада бул ишти тиешелүү сот инстанциясына өткөрүп берүү максатында айкын шектүү адамдарга, буйрук-команда тизмегине жана команда берүүлөргө карата тергөө азыркы учурда уланып жатат.

Албетте, Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин алкагында эл аралык трибунал жаратуу эң эле натыйжалуу болмок. Бул идеянын эл аралык кең колдоосуна карабастан, Россия бир убакта БУУнун Коопсуздук Кеңешинин ошондой трибуналды жаратуу тууралуу резолюциясына вето салган жалгыз өлкө болгон. Ушуга байланыштуу тергөөгө катышкан өлкөлөр кыйроого күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу механизмдерин аныктама боюнча иш-аракеттерин улантып жатышат.

Украина башка катышы бар төрт өлкө менен бирге Биргелешкен тергөө тобуна мындан ары ар тараптуу колдоо көрсөтөт жана кылмышты тергөөгө бардык мүмкүн болгон жардамын берет.

Анын ийгиликтүү аяктоосу үчүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2166 (2014)- резолюциясында каралган мындан ары эл аралык коомдун колдоосу жана өлкөлөр тарабынан кызматташтыгы керек.

Биз бардык өлкөлөрдү кылмыш тергөө чектеринде активдүүлүк менен биргелешип иштөөгө чакырабыз. Орусия да, акыры, эл аралык коомдун кысымы менен БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2166- резолюциясын жана өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарат деп күтөбүз.

Кремлдин Голландиялык прокуратуранын корутундусун жаңылыш катары көрсөтүү жана Украина тарабынан МН17 кыйроосунун далилдерин окшотуп жасоо боюнча риторикасы Орусия Федерациясынын эл аралык коомдун көз алдында Украинанын беделин кетирүү жана бардык каражаттардын жардамы менен бул кыйроодогу өзүнүн уюштуруучу, көмөкчү анык ролунан алаксытуу үчүн дагы бир кезектеги аракети болгондугун Элчилик баса белгилегиси келет.

Украинанын Кыргызстандагы элчилиги

 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Чехия Республикасынын Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Элишка Жигова менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 29-сентябрда, Чехия Республикасынын Казакстан жана Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Элишка Жигова жетекчилик кылган Чехия Республикасынын делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташтык келечеги тууралуу пикир алмашуу орун алды.

Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргызстан Чехия Республикасы менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө чоң маани берет.

“Кыргызстан эли өткөн кылымдын 20-жылдарындагы Кыргызстандын өнөр-жайынын негизделишине жана чыңдалышына чех ыктыярчыларынын кошкон баа жеткис салымын унутпайт. Өз кезинде Кыргызстандын жалпы өнөр-жай продукциясынын 45%ын өндүргөн «Интергельпо» кооперативи Кыргызстан элине интернационалдык көмөк көрсөтүүнүн ири долбоору болгон», – деди Сооронбай Жээнбеков.

Премьер-министр мамлекеттер аралык достук мамилеге карабастан экономикалык байланыш жана соода тармагында пайдаланылбай жаткан чоң мүмкүнчүлүктөр калууда. Буга байланыштуу Өкмөт башчы Кыргызстан жана Чехия аралык экономикалык дипломатияны активдештирүүгө чакырды жана соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-чех өкмөт аралык комиссиясын түзүүнүн максаттуулугун белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн инвестициялык саясатына тийиштүү билдиргендей, Кыргызстанда чет элдик инвесторлор үчүн бардык тийиштүү шарттар түзүлгөн. Ал Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фонду жана Чех Экспорттук банкы ортосундагы инфраструктура жана энергетика жаатындагы конкреттүү долборлорду ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюулушун кубаттады. Меморандум алкагында кичи ГЭС жана иштеп жаткан ГЭС каскаддарын реконструкциялоо, органикалык жер семирткичтерди өндүрүү жана «Смартсити» жана «Смарткантри» долбоорлору каралган.

Премьер-министр Чехия Республикасынын ТИМи жана Кыргыз-Россиялык Өнүктүрүү фонду тарабынан уюштурулган Экнчи кыргыз-чех форумунун уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, аталган жолугушууда талкууланган сунуштар жана демилгелер жакынкы арада ишке ашырылып, кыргыз-чех өнөктөштүк мамилелерин байытаарына, бул өз кезегинде Кыргызстан жана Чехия аралык достук жана ишеним мамиленин чыңдалышына өбөлгө түзөөрүнө ишеним билдирди.

«Бүгүнкү күндө Кыргызстанда либералдык салык режими орун алган, инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу тармактар катары тоо-кен өндүрүшү, энергетика, айыл чарба жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү эсептелет», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Толук жана Ыйгарым укуктуу элчи Элишка Жигова чех ишкерлеринин Кыргызстандын келечектүү долбоорлоруна инвестициялоого кызыкдарлыгын белгиледи. Ал белгилегендей, Чех Экспорттук банкынын Кыргызстан рыногуна аралашуусу эки өлкө үчүн тарыхый окуя катары бааланат.

 

Света Тойгонбаева, айтымчы, төлгөчү: “Бишкекте кара дуба көп окулганы үчүн оомат кетип, береке учуп, жаман дарттар көбөйүп жатат”

“Асман плюс” гезитинин 26-май 2016-жылы жарык көргөн санында “Орто Азияда бир президент бул дүйнө менен кош айтышат” деген темада төлгөчү Света Тойгонбаева менен болгон маек жарыяланган. Арадан үч ай өтүп Света айымдын айтканы айткандай келип, Өзбекстандын президенти Ислам Каримов сентябрдын үчүндө жерге берилди. Биз кайрадан Света айымга жолугуп, бу сапар да кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

– Төбөлдөр тез арада Кыргызстандагы аттуу-баштуу көзү ачыктарды чогултуп депутаттардын жыйыны өтчү жерди тазалатпаса иши оңунан чыкпай кырдаал кыйындап, ал күтпөгөн жагдайлар орун алат. Депутаттардын да ыркы кетип, кыл чайнашкан кырдаал жаралат. Анткени, Акүйгө окулган кара дубалар жандырылбаса тескери таасирин берип, жогору жактагылардын ыркы кетип, анын кесепети өзүнө тийет. Ошондой эле Бишкекте кара дуба көп окулганы үчүн  борбор калаадан  оомат кетип, береке учуп жатат.  Кыргызстандын аурасы булганган үчүн оорунун түрлөрү да көбөйүп, андан карапайым эл жабыр тартып, мамлекетибиз туңгуюкка кептелип  жатат. Өлкө башчысы элге пайдалуу иш кылам десе, алгач Акүйдү, депутаттар  жыйын өткөргөн залды тазалатып, Кыргызстан кептелчү кыйынчылыкты алдын алышы керек. Ошондой эле кара дубаны чет мамлекеттен келген көзү ачыктарга эмес, Кыргызстандагы көзү ачыктарга жандыртса деле оң таасирин берет.

Булак: Асман плюс

 

 

 

 

 

Өрт өчүрүүчүлөр өрттөнүп кетти

Москванын чыгышындагы пластик буюмдарын сактоочу кампада чыккан өрттү өчүрүү учурунда 8 өрт өчүрүүчү каза болду. Бул тууралуу 23-сентябрда орусиялык маалымат каражаттары жазышты. Кампанын чатырындагы жалынды өчүрүү учурунда имараттын шыбы урап, өрт өчүрүүчүлөр урандынын алдында калышкан. Учурда өрт кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, келип чыгуу себептери такталууда. Өрт 22-сентябрь күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:30да башталган. “Виктория” ишканасына тиешелүү кампада пластик буюмдары (оюнчуктар жана жасалма гүлдөр) сакталчу. Мындан улам тилсиз жоо аз убакыттын ичинде 4 миң чарчы метр аянтты өрттөгөн.

Булак: Фабула 

 

Кылычбек Султанов президенттен кечирим сурады

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султанов «Фейсбуктагы” баракчасына президент Алмазбек Атамбаевден кечирим сураган билдирүү жазды. Ал президенттин каалоосу менен Малайзияда эки жылдай элчи болгонун, ал жакта ырахаттануу менен иштегенин белгилейт. Бул үчүн кудайга жана президентке чексиз ыраазы экенин айткан Султанов мамлекет башчы жүргүзгөн саясатка макул болбой сындап келгенин билдирип кечирим сураган.

Булак: Фабула 

 

Света Тойгонбаева, айтымчы, төлгөчү: “Иса Өмүркуловду ийгилик курчап турат”

“Асман плюс” гезитинин 26-май 2016-жылы жарык көргөн санында “Орто Азияда бир президент бул дүйнө менен кош айтышат” деген темада төлгөчү Света Тойгонбаева менен болгон маек жарыяланган. Арадан үч ай өтүп Света айымдын айтканы айткандай келип, Өзбекстандын президенти Ислам Каримов сентябрдын үчүндө жерге берилди. Биз кайрадан Света айымга жолугуп, бу сапар да кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

– Иса Өмүркулов табиятынан чынчыл, бийликке жүткүнбөгөн, өз ордун билген адам экен. Кудайдан да чын дилинен суранган, Кудай сүйгөн пенде экен. Иса Өмүркуловго эмнегедир үч жети катарынан түштү. Кудай буюрса, Өмүркуловду оомат, ийгилик күтүп, ал тургай курчап  турат. Буюрса, зоболосу көтөрүлөт. Иса Өмүркуловду  буттан чалып, ишине тоскоолдук кылам дегендердин аракетинен майнап чыкпайт.

Булак: Асман плюс

 

АКШ Конгресси президенттин ветосун жойду

АКШ Конгресси жана Өкүлдөр палатасы 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттарга байланыштуу башка өлкөлөргө, анын ичинде Сауд Арабиясына карата соттук арыздарды жазуу укугун берчү мыйзамды кабыл алды. Документтин долбооруна буга чейин президент каршы чыгып, вето койгон.

Бул Барак Обама президент болуп турган мезгилдеги анын ветосун конгрессмендер ашып түшкөн алгачкы учур болуп калды.

Өкүлдөр палатасында ветону жоюуну 348 конграссмен колдосо, 77си каршы добуш берди. Сенатта 97 киши макул болуп, бирөө гана каршы чыкты. Эми мыйзам долбоору күчүнө кириши керек.

23-сентябрда президент Барак Обама Конгресс тарабынан кабыл алынган мыйзам долбооруна вето койгон. Ал 2001-жылдын 11-сентябрындагы теракттын курмандыктарынын туугандарына чет өлкөлүк жарандар менен өкмөттөргө, анын ичинде Сауд Арабиясына карата доо арыз жазуу укугун бермек. Терактка катышкан 19 адамдын 15и аталган өлкөнүн жарандары болушкан.

Сауд Арабиясы менен анын союздаштары мыйзам долбоорунун кабыл алынышы терс натыйжаларга, анын ичинде расмий байланыштардын кыскаруусуна, америкалык экономикадан миллиарддаган долларларды чыгарып кетүүгө, Персия булуңундагы өлкөлөрдүн контртеррористтик операцияларга катышуусунун азайышына жана АКШнын аймактагы маанилүү авиабазаларга кирүүсүнө чектөөлөрдү киргизүүгө алып келерин эскертишти.

Обама болсо Конгресстин чечимин “кооптуу прецедент” деп атады.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Көзүн май баскан УКМК кызматкерине чара көрүлөбү?

Улуттун коопсуздугун коргойт деген УКМКнын Кызыл-Кыя аймагындагы бөлүмүнүн башчысы, жергиликтүү ишкер Зарылбек Мааткалыковдон акча талап кылып сабады деген жүйө менен СОБР кызматкерлери чакырылып, окуя болуп жаткан жерден кармалган. Кармалган УКМКнын кызматкери тартылып жаткан видеодо “Мен кыргыздардан акча талап кылбаймын, тарт, интернетке чыгарасыңбы чыгар”, – деп догурунганын интернетте тараган видеодон көрүүгө болот. УКМКнын жетектеген Абдил Сегизбаев аталган кызматтын аброюна көлөкө түшүргөн кызматкерине чара көрбөсө, мындай шойкомдуу иштин башында өзү турушу мүмкүн деген шектенүү жаралбай койбойт.

Булак: Фабула 

Кыштан кантип чыгабыз?

Токтогул суу сактагычында учурда суунун көлөмү 17 миллиард 356 миллион куб метрди түзөт. Ушундай эле көлөм мындан төрт жыл мурун – 2012 жылы катталган. Эгер 2010-жылы бул көрсөткүч 19,51 миллиард куб метрди түзсө, 2011-жылы 19,54кө жеткен. 2013-жылы төмөндөп, 15,92 болсо, 2014-жылы – 11,92, ал эми былтыр 13,01 миллиард куб метрди түзгөн. Демек бүгүнкү күндөгү суунун деңгээли былтыркыга салыштырмалуу 4 миллиард 446 миллион куб метрге көп. Акыркы маалыматтар боюнча суунун агып кирүүсү секундасына 360 куб метрди түзсө, чыгуусу 204 куб метрге жетет. Суунун көлөмү көбөйүп коомчулукту кубандырганы менен акыркы жылдары Кыргызстанда электр энергияны пайдалануу көлөмү да көбөйдү. Эгер электр энергияны туура пайдаланып, ашыкча жүк келтирбей үнөмдөөнү үйрөнсөк кыштан аман-эсен чыгаарбыз бышык.

Булак: Фабула 

 

Жандими

“Мени камаганы жатат” дегенди айтып күн мурун кокуйлап чыккан Эдил Байсалов учурда ойдон чыгарган жомогун улантып, түшкө кирбес, чындыкка коошпогон ар нерсени айтып элдин көңүлүн бурууга жандалбастап жатат. Маселен, кайран эргул: “Президент тигил жакта оорудум деп жатканда, бул жактан ондогон адамдар камалмак да, ажо эч нерседен кабары жок адам болуп чыга келмек. Баарыбыз камалгандан кийин келет да, мен эч нерсеге аралашкан эмесмин, буйрук да бербегем. Тергөө иликтесин, сот өз чечимин чыгарат, мен кийлигише албайм деп кутулат. Мен кечээ маалымат жыйын өткөрүп ошол пландын четин чыгарып койгондон кийин парламент кызыга баштады эле, план артка жылдырылды окшойт. Эми аны башкача жол менен ишке ашырышы керек болот. Бирок ал план токтогон жок”, – деген прогнозун айтып, уккан кулакты делдейтти. Кичине окшоштуруп айтса болмок экен, “жаман жеринен этеги айрылса” эле жалганды чындай кылып урдура берген болмок беле?..

Булак: Фабула

Милициялар “по- мужски” чечишеби?

Бишкек шаардык Патрулдук милиция башкармалыгынын башчысы Нурдин Насыркулов ИИМ министринин орун басары Алмаз Орозалиев менен болгон кер-мур айтышуусунан кийин кызматтан кеткени тууралуу сөз жүрүп жатат. Себеби өткөн ШКУнун саммити учурунда министрдин орун басары шаардын башкы патрулчусуна катуу сөз айтып, мамлекеттик резиденцияда бир катар тартипсиздикке жол бергенин айтканын укканбыз. Бирок Нурдин Насыркуловдун да жини мурдунун учунда белем, ошол жерден эле орун басар министрге атырылып, керек болсо “по-мужски чечишесиңби” деп жекеме-жеке мушташка чакырып жибериптир. Эми ушундай кырды бычак мамиледен кийин шаар милициясына ишенип жарандар тынч жашоого мүмкүнбү?! Кыскасы, кимисинен кетсе да мыйзамдык чектен чыкпай, көчөдөгү бандиттердин лексиконун колдонбой эле коюшпайбы?!

Булак: Фабула 

Света Тойгонбаева, айтымчы, төлгөчү: “Конституция президент каалагандай форматта өзгөрбөйт”

“Асман плюс” гезитинин 26-май 2016-жылы жарык көргөн санында “Орто Азияда бир президент бул дүйнө менен кош айтышат” деген темада төлгөчү Света Тойгонбаева менен болгон маек жарыяланган. Арадан үч ай өтүп Света айымдын айтканы айткандай келип, Өзбекстандын президенти Ислам Каримов сентябрдын үчүндө жерге берилди. Биз кайрадан Света айымга жолугуп, бу сапар да кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

– Президент Конституцияны алмаштыруунун айласын издеп, өзүнө ыңгайлаштырып алууну көздөп жатат. Бирок баары эле ал ойлогондой болбойт. Себеби, президентке каршы топ Конституцияны кандай жол менен болбосун коргоп калабыз деп чамынып жатышат. Жыйынтыгында Конституция өзгөрсө да, президент каалагандай форматта эмес, аз-маз эле өзгөрөт. Тагыраак айтканда, көпчүлүк кооптонгон беренелер өзгөрүлбөйт.

Булак: Асман плюс

Казакстанда улуттук темир жол компаниясы өзгөртүп түзүлөт

Казакстан Инвестиция жана өнүгүү министрлиги улуттук темир жол компаниясын өзгөртүп кайра түзүүгө даярдап жатканын билдирди. Өкмөттөн кабарлашкандай, “Казакстан темир жолу” түзүмүнөн “КТЖ-Инфраструктура” өзүнчө бөлүнүп чыгат.

Мындай кадам инфраструктура жана ташуучу ишмердүүлүктү өз-өзүнчө жүргүзүү зарылдыгынан келип чыкты. Өлкөдө 2020-жылга чейин тармакты өнүктүрүү боюнча стратегия жана пландар иштелип чыккан.

«КТЖ-Инфраструктура» улуттук жана жеке ташуучуларды темир жол түйүнү менен камсыздайт.

Темир жол компаниясынын былтыркы кызмат көрсөтүүсү 750 миллиард теңгени (2,2 миллиард доллар) түзгөн. «Казахстан темир жолы» компаниясынын сайтындагы маалыматка караганда, Казакстандын темир жол тармагында 156 миң адам (өлкө калкынын 9 пайызы) иштейт.

«Казахстан темир жолы» компаниясынын жалгыз акционери болуп «Самрук-Казына» фонду эсептелет. Ал өз кучагына ондогон улуттук компанияларды камтыйт.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Белорус тоо комбинат курулушчуларына Түркмөнстандын маяна төлөбөй жатканына кабатыр

Минск түркмөн тарап Гарлык тоо кен-байытуучу комбинатын курууда  каржылык жана башка милдеттенмелерин аткарбай жатканына кабатыр.  Бул тууралуу Белорустун Улуттук жыйынынын республикалык кеңешинин төрагасы Михаил Мясникович Түркмөнстандын элчиси Назаргулы Шагулыев менен жолугушуу учурунда билдирди.

Жолугушууда белорус курулушчулары айлык маяна албай жатканы белгиленди. Алар мындан башка дагы бир катар көйгөйлөргө туш болушууда. Бул курулуштун жүрүшүнө таасирин тийгизүүдө.

Республика кеңешинин төрагасы Ашхабадды комбинаттын курулушун ийгиликтүү аяктоо үчүн кечиктирилгис чараларды көрүүгө үндөдү.

Маалымдалгандай, Түркмөнстан менен Белорус жазда комбинаттын негизги жана көмөкчү тилкелерин ишке берүүгө даярдык көрүп баштаган. Ал жылына 1,4 миллион тонна калий семирткичин өндүрүп чыгууга кудуреттүү. Комбинат Түркмөнстандын түндүк-батышындагы Лебап районунда салынууда. Өлкөдөгү алгачкы тоо-химиялык өнөр жай объектисин 2017-жылы мартта ишке берүү пландалууда.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Мамлекеттин сырын төгүп бүтүптүр...

Мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиевдин уулу, мурдагы өкмөттүн аппаратынын тышкы иштер бөлүмүн жетектеген Алтынбек Муралиев “мамлекетке чыккынчылык кылды” деген айып менен кармалып, 1-май райсоту тарабынан 12 жылга эркинен ажыратылды. Прокуратура менен УКМК бул мамлекеттик кызматкер тээ 2004-жылдары эле Түркияда окуп жүргөн маалда коңшулаш мамлекеттердин атайын кызматтары менен байланышта болгонун, кийин ошол байланыштары дагы күчөп, 2012-2014-жылдар аралыгында ал кызмат абалын кыянат пайдалануу менен мамлекеттик сыр болуп эсептелген жашыруун документтерди сыртка чыгарып келгенин айтат. Алардын сөзүнө таянсак, ал акыркы жылдары мындай баалуу делген кагаздардан 400гө чукул документти сыртка чыгарып, атайын кызматтагыларга тыңчылык кылган экен. Бирок ушул жерден күдүк суроо туулат. Анткени эмне үчүн тээ он жыл мурун эле “кылтың- мылтыңы” байкалган адамды УКМК өкмөттүн эл аралык байланыштар бөлүмүн жетектөөгө мүмкүнчүлүк берет жана 400дөй документ уурдалганча аны тузакка иле албайт? Балким оперативдүү топтор иш билгилик менен кызматын аткарганда, мамлекеттик сыр мынчалык сыртка төгүлбөйт беле?

Булак: Фабула 

Өткөндү эске салган Өмүрбек мырза

Өмүрбек Абдрахманов “Ата Мекен” партиясынан депутат болуп турган кезинде “Алиби” гезитине: “Мына, депутат катары айтып коеюн, «Мегакомду» мамлекетке толук алып анан силерге беребиз» – деп Текебаев москвалык бир компаниядан 1 миллион доллар алган. Ошол «Мегафондун» кишилери менен Текебаевдин кабинетинде жолугушканбыз. Мен «Мегаком» боюнча депутаттык комиссиясынын төрагасы элем. Андан кийин «Мажор» деген кафеде отуруп Чотонов кечирим сураган: «Өмүрбек байке, кечирип коюңуз. Мен бир аз туура эмес айтып коюпмун. Ооба, 1 миллион доллар алганбыз. Партиянын ишине жумшаганбыз», – деп азыркы Адилет министри Алмамбет Шыкмаматовдун көзүнчө айткан. Адилет министри азыр албетте танат да, Текебаев аны министр кылып жатса. Ооба, муну жазган силердин гезитти жана мени сотко берип акча утуп алам деп аракеттенүүдө. Мүмкүн азыр Текебаев чоң кызматта турганда соттон утуп алаар, а бирок кудайдын, чындыктын жана элдин сотунда эч качан ута албайт”, – деген маек берген экен. Учурда экс-депутат бул боюнча УКМК иликтөө ишин баштаса көрсөтмө берүүгө да даярдыгын “kyrgyztoday.kg” сайты маалым кылды.

Булак: Фабула

Абдраимовдун “айныкейи” кайнисине жукканбы?

Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Урмат Саамаев Жогорку Кеңештеги референдум жөнүндөгү мыйзамга добуш берүүдө “каршы” деген баскычты баскан экен. Бул болсо ушул жигит депутат болуп келгенден берки алгачкы чоң “жаңылыгы” катары бааланып отурат. Анткени бул депутаттын ЖКда бары-жогу деле билинчү эмес. Эми минтип маанилүү мыйзамга каршылык билдирип жатканы чындап анын көз карашын чагылдырдыбы же жаш неме шашып кетип капыстан туура эмес басып алдыбы деген суроо туулуп турат. Анткени эл өкүлүнүн мурда-кийин бул мыйзамды талкуулап жатканын такыр эле укпаптырбыз. Болбосо бул жерде ал мурдагы БШКнын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов деген бир тууган жездесинин пикири менен иш кылышы да мүмкүн. Анткени анын депутат болушуна жездесинин жеке салымы чоң эле…

Булак: Фабула 

Света Тойгонбаева, айтымчы, төлгөчү: "Өзбекстан Үңкүр-Тоодон башка дагы эки жерге көз артып жатат”

“Асман плюс” гезитинин 26-май 2016-жылы жарык көргөн санында “Орто Азияда бир президент бул дүйнө менен кош айтышат” деген темада төлгөчү Света Тойгонбаева менен болгон маек жарыяланган. Арадан үч ай өтүп Света айымдын айтканы айткандай келип, Өзбекстандын президенти Ислам Каримов сентябрдын үчүндө жерге берилди. Биз кайрадан Света айымга жолугуп, бу сапар да кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

-Үңкүр –Тоо маселесин тыкыр иликтеп чечүүнүн аракетин көрбөсөк, Өзбекстан Кыргызстандын дагы эки жерин алып алсак деп көз артып отурат. Себеби биз элес албай, маани бербей жүргөнүбүз менен биз менен талашсак жеңип алабыз деген документтери бар.  Ошон үчүн Үңкүр -Тоо маселесин жаңжалга жол бербей кылдаттык менен чечишибиз керек.

 PS. Жолумду ачтырам, келечегимди билем, кара дубаларды жандырам дегендер болсо  0771 066806 номерине байланышса болот.

Асылкан кызы Перизат

Булак: Асман плюс

Өзбекстан профсоюз федерациясы: Пахта теримге чыгуу- ар ким өз каалоосу менен чыгууга укуктуу

Өзбекстандын ар бир жараны пахта теримге өз каалоосу менен чыгууга укуктуу. Бул тууралуу калкка социалдык жана эмгек укуктарын түшүндүрүү боюнча маалыматтык өнөктүктүн жүрүшүндө өлкөнүн Кесиптик кошуундар федерациясы билдирди.

Ошондой эле маалыматта жарандар татыктуу эмгек шарттарына жана каалаган учурда пахта теримге катышуудан баш тартуу укуктарына ээ экени айтылган.

Өзбекстандын мыйзамы жарандарды мажбурлап иштетүүгө жана балдардын эмгегин пайдаланууга тыюу салат. Маалыматтык өнөктүктүн алкагында, өлкөнүн бардык аймактарында мажбурлап иштетүү менен балдар эмгегин пайдаланууга жол бербөө керектиги жазылган жарнак такталар илинген.

Андан сырткары министрликтердин, тиешелүү мекемелердин жана коомдук уюмдардын кызматкерлерин окутуу үчүн усулдук материлдар иштелип чыккан.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Банк тоногон тажик студент 11 жылга кесилди

Тажикстанда «Агроинвестбанктын» райондук филиалына каракчылык менен кол салган тажик студенти 11 жылга эркинен ажыратылды. Бехруз Рауфов жазасын күчөтүлгөн режимдеги абакта өтөйт.

Ал 2-курска чейин Казакстандагы жогорку окуу жайлардын биринде контрактык келишимдин негизинде билим алчу. Жаш жигит бул кылмышка окуусу үчүн акча төлөө максатында баргандыгы айтылууда.

Студент банк филиалынын имаратына кирип, же акча, же баалуу буюм таппаган соң күзөтчүгө кармалып калган. Жигит милиция кызматкерин бычак менен сайып, окуя болгон жерден качып кеткен. Кийин ал өз эрки менен армияда кызмат өтөөнү каалап, бирок көп өтпөй айыбы ачылып, кармалып калган.

Бул окуя 2016-жылдын апрелинде Дангара районунда болгон. Банкты күзөткөн милиция кызматкерине 17 жолу бычак сайылган. Ал оор абалда ооруканага жеткирилген.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кыргызстан ЕККУнун Бишкектеги борборунун макамын өзгөртүүдө

Кыргызстан ЕККУнун өлкөдөгү макамын өзгөртүү чечимине келди. Маалыматты ЕККУнун Бишкектеги борборунан ырасташты.

Кыргыз ТИМи ЕККУнун Бишкектеги борборун 2017-жылдын 1-январынан тарта программалык кеңсе кылып өзгөртүү тууралуу нота жөнөттү.

Анда мындай чаралар “ЕККУ менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү максатын” көздөй тургандыгы айтылган.

ЕККУнун туруктуу кеңешинин тиешелүү чечиминин долбоору кыргыз делегациясы тарабынан жакынкы күндөрү Венада ЕККУнун төрагасына берилет. Азырынча эки макамдын айырмасы эмнеде экени жакшы түшүнүксүз.

Өткөн аптада мекенинде кылмышкер деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыров ЕККУнун жыйынында сөз сүйлөп, азыркы бийликти сындаган. 23-сентябрда ТИМ буга нааразылыгын билдирип, Кадыржан Батыровду ЕККУнун бардык иш-чараларына катышууга укугу жок адамдардын тизмесине кошууну талап кылган.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Пентагон Иракка 600 аскер жөнөтөт

Пентагон Мосулду бошотуу операциясына ирак армиясын даярдоо максатында аталган өлкөгө 612 америкалык аскер кызматкерин жөнөтөт. Ирактагы чоңдугу боюнча экинчи орунда турган бул калаа “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун көзөмөлүндө турат.

Бул тууралуу АКШнын коргоо министри Эштон Картер билдирди. Жыйынтыгында Ирактагы америкалык контингенттин саны 5 200 кишини түзмөкчү.

Аскерлердин көпчүлүгү ирак жана күрд бөлүктөрүн Мосулга чабуул жасоого даярдап, кол салуу учурунда аларга колдоо көрсөтсөт. Ирак премьер-министри болсо АКШ “инструктор жана кеңешчилерди” жөнөтүүдө деген билдирүү таркатты.

Мосулду үч миңден төрт миңге чейинки жоочу-исламист кармап турат. Калааны экстремисттерден бошотуу жараяны АКШдагы президенттик кампаниянын фонунда ишке ашмакчы. Операция ийгиликке жетип же оңунан чыкпай калса, Демократиялык партиядан талапкер Хиллари Клинтондун президент болуу ыктымалдуулугуна өз таасирин тийгизет. Себеби Трамп Клинтонду АКШнын мамлекеттик катчысы болуп турганда “аракетсиздиги” менен ИМдин алдынкы террордук уюмга айланышына түрткү берди деп айыптап келет.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Мавлян Аскарбеков, активист: "Ата-Мекен", "Өнүгүү" жана "Бир бол" фракциялары президент Алмаз Атамбаевге импичмент жарыялаш керек"

“Жогорку Кеңеште президент Алмаз Атамбаевдин конституцияны өзгөртүп, бийликти узурпациялоосуна каршы күчтөр көбөйүп жатканы жакшы. “Ата-Мекен” фракциясына эми “Өнүгүү” жана “Бир бол” фракциялары  кошулуптур. Эгер силер бириксеңер чоң күчкө айланасыңар”, – деп билдирди “Жаңы муун” кыймылынын өкүлү Мавлян Аскарбеков 27-сентябрда Бишкекте, “Достук” мейманканасында өткөн Жарандык көзөмөл комитетинин “Конституцияга өзгөртүүлөр: жол берилбестик же зарылчылык” аттуу форумда.

“Ошондуктан мен “Ата-Мекен”, “Өнүгүү” жана “Бир бол” фракцияларын бир муштумга түйүлүп, бир күч болуп бийликтин эки жүздүүлүгү, конституцияны бурмалап бийликти узурпациялоо максаттары үчүн, бул мыйзамдарды мыйзамсыз жолдор жана регламенттерди одоно бузуулар менен өткөрүү аракеттери үчүн, эл алдында берген убадаларын аткарбагандыгы үчүн президент Алмаз Атамбаевге импичмент жарыялоого чакырам. Референдум президентти кызматынан кетирүү үчүн өткөрүлүш керек”, – деди Мавлян Аскарбеков.

Булак: Кyrgyztoday.kg

ИИМ:К.Джунушалиев ички иштер органдарын реформалоону толук колдойт жана аны иш жүзүнө ашырууну негизги милдеттеринин бири катары эсептейт

Акыркы мезгилдерде Ички иштер министри Кашкар Джунушалиевдин отставкасы тууралуу шакайың сөздөр соцжелелерде, маалымат агенттиктеринде жана газеталарда желдей тарап жаткандыгына байланыштуу ИИМдин басма Сөз кызматы тактоо иретинде  ыйгарым түрдө анын жалган экендигин билдирет жана белгилейт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Коомубузда болуп жаткан жаңылыктар бардык жарандарды кайдыгер калтыра албаган мезгилде жашап жатабыз. Айрыкча, такталбаган маалыматтар, ушак-айыңга такалган жагдайлар кимге болбосун тескери таасирин тийгизип жаткандыгы жашыруун деле эмес. Баса белгилеп айта кете турган багытыбыз, министр Кашкар Джунушалиевдин отставкасы тууралуу жарыя болуп жаткан маалыматтардын жалган жана ушак айың экендигин расмий билдиребиз.  К.Джунушалиев  учурда ички иштер органдарын реформалоо боюнча жүрүп жаткан бардык алгылыктуу иштерди жана багыттарды толугу менен колдойт жана аны ишке ашырууну, аягына чыгарууну колго алууну министр катары негизги максаты деп эсептейт.

Жарандык милдеттерин аткарып, коомдук тартипти камсыздап, кылмыштуулук менен күрөшүп жаткан күчтүү системага кандайдыр бир ишенбөөчүлүк жаратыш үчүн же ИИМдин жетекчилигин алсыратуу үчүн атайын ушактарды биринин артынан бири таратып жатышат. Мындай маалыматтарды таратып жаткандардын максаты ички иштер органдарына көлөкө түшүрүү жана өлкөдө уланып жаткан милициянын реформасына шек туудурууга багытталып жаткандыгын белгилейбиз.

Министр К.Джунушалиевди учурда өздүк курам толугу менен колдойт жана ал жүргүзүп жаткан реформалык иштиктүү иш аракети өз жемишин берет деген терең ишеничте.  Ал эч качан саясатка киришкен эмес, саясий интригалардан алыс жана  бир дагы саясий партиялардын жеке кызыкчылыгын көздөбөйт. Өз ишинин кесипкөй адиси, милициянын ички жана тышкы дүйнөсүн таасын айрый билген министр катарында  эң биринчи милдети жана парзы – Республикабызда жашаган бардык адамдардын эркиндигин жана укугугун коргоодо, коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулукка каршы күрөштө күжүрмөн даярдыкта дайыма даяр турган милициянын патриот жоокери жана башчысы катарында кызматын өтөп келет.

Коомдук тартипти сактоодо, милиция кызматынын кадыр баркын көтөрүүдө, коомдук алдын алуу борборлорунун иштерин чындоодо,  эл менен бирге болуу, элдин мүдөөсүн угуу жана элге кызмат кылуу министрдин негизги принциптеринин бири.   Ошол эле убакта өздүк курамга да өзгөчө мамиле кылган, милициянын ички көйгөйлөрүн чече билген жетекчи катары өздүк курамдын алдында кадыр баркы жогору. Министр К.Джунушалиевди милициянын өздүк курамы жана жалпы жарандарыбыз коомдук тартипти сактоодо милицияга “өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк” болуп  колдой тургандыктарын ачык эле айтып жана жазып келишет.

Ошол себептүү К.Джунушалиев тууралуу айтылган жана жазылган маалыматтар чындыкка жатпай тургандыгын төгүндөө менен бирге министр  тууралуу ар дайым такталган маалыматтарды айтууга даяр экендигибизди билдиребиз.

Айнура Усупбекова, эксперт: "Ата-Мекен" жана "Өнүгүү" фракцияларын коалициядан чыгып кетүүсүн сунуш кылам, ошондо референдум өтпөй калат"

“Азыр депутат Чолпон Жакупова билдиргендей бүгүн Бакыт Төрөбаев өзүнүн “Өнүгүү” фракциясы менен Алтынбек Сулайманов “Бир бол” фракциясы менен Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзамды колдошпой коюшуптур. Буга чейин “Ата-Мекен” фракциясы колдобой келген. Демек бул мыйзамды эми 3 фракция колдобой калды”, – деп билдирди шайлоо системалары боюнча эксперт Айнура Усупбекова 27-сентябрда Бишкекте, “Достук” мейманканасында өткөн Жарандык көзөмөл комитетинин “Конституцияга өзгөртүүлөр: жол берилбестик же зарылчылык” аттуу форумда.

“Ушуга байланыштуу мен “Ата-Мекен” жана “Өнүгүү” фракцияларын Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалициядан чыгып кетүүнү сунуш кылат элем. Эгер коалиция бузулса аны кайра түзүү үчүн убакыт керек болот жана конституцияны өзгөртүү жана референдум боюнча мыйзамдар өз убагында өтпөй калып, референдум да болбой калат. Бийлик конституцияны өзгөрткөнгө үлгүрбөй калмак. Сиздерди “Бир бол” фракциясы колдосо анда чоң күчкө айланасыңар”, – деди эксперт Айнура Усупбекова.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Ош облусундагы Чолпон атындагы билим берүү комплексинде өрт чыкты

2016-жылдын 27-сентябры күнү Ош облусунун Кара-Суу районундагы Чолпон атындагы билим берүү комплексинде өзгөчө кырдаалдар учурундагы мугалимдер жана окуучулардын даярдыгын жана аткарылуучу иш аракеттерин текшерүү үчүн атайын машыгуу болуп өттү.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун аймактык кафедрасынын окутуучулары тарабынан уюштурулган.

Эскерте кетсек аймактык кафедрасынын окутуучулары тарабынан буга чейин бир жылда 2 жолудан өзгөчө кырдаалдар учурунда  жүрүм-турум эрежелери, сактануу ыкмалары жана турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери боюнча окуулар -өткөрүлүп келген.

Жарандык коргонуунун кызматкерлери жана КР ӨКМнин Кара-Суу райондук бөлүмүнүн башчысы окуучулардын даярдыгын балоо үчүн катышышты.

Учурда Чолпон мектебинде 1200дөй окуучу билим алууда жана 56 мугалим эмгектенет.

Мектеп мугалимдери окуучуларга билим гана бербестен, алардын потенцалдуу коркунуч жаралган же өзгөчө кырдаалдар учурунда жаш балдардын кандай сактануусуна көнүл бурушат.

Башында окуучуларга турмуш-тиричилик коопсуздугунун негиздери боюнча теориялык сабактар өтүлдү. 

Экинчи этапт конгуроо менен башалды. Бул конгуроо атайын мектепте өрт чыкты дегенди билдирди. Дароо эле окуучулар мурда сабак учурунда үйрөтүлгөн эрежелендин негизинде кармануу менен мектептин эвакуациялоо  жолдорунан чыгышты.

Машыгуунун атайын планында 4 окуучу жарат алып мектепте калып калышкан.

Өрткө каршы кызматына, медицина жана куткаруучуларга кабар берилилди.  Мектепте атайын түзүлгөн ыктыярчы топ мүчөлөрү 2 окуучуну чыгарып аларга алгачкы медициналык жардам беришти.

Ага чейин жетип келген куткаруучулар  имараттын ичинде калган окучууларды куткарып, өрт өчүрүүчүлөр тарабынан өрт болгон жер курчоого алынып, өрт  толугу менен өчүрүлдү. Ал эми жаракат алган балдарды куткаруучулар жалындан аман-эсен алып чыгышып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүштү.

Мындай машыгуулар окуучулар арасында өз натыйжасын берет, окуучулар теорияны гана эмес иш жүзүндө көрүп, ар кандай күтүлбөгөн кырсыктарга даярдыгын күчөтөт.

 

Бүгүнтөн баштап банктык операцияларды лицензиясы же күбөлүгү жок жүргүзгөндөргө карата айып пулдун көлөмүн жогорулатуу боюнча мыйзам күчүнө кирет

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган, Кыргыз Республикасынын Президенти кол койгон Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамы 2016-жылдын 29-сентябрынан баштап күчүнө киргендигин маалымдайт. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Кодексинин 30, 357, 358, 359-беренелериндеги администрациялык жоопкерчиликтерге тийиштүү. Атап айтканда, жаңы мыйзамдагы өзгөртүүлөрдө лицензиясыз же күбөлүксүз банк операцияларын жүзөгө ашыргандыгы үчүн, төмөнкүдөй өлчөмдө айыптык төлөмдөр өндүрүлө тургандыгы такталган:

– жарандардан – 100 000 сом;

– кызмат адамдарынан – 150 000 сом;

– юридикалык жактардан – 250 000 сом;

банк мыйзам талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн:

– жарандардан – 20 000 сом;

– кызмат адамдарынан – 50 000 сом;

– юридикалык жактардан – 100 000 сом.

Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин азыркы редакциясына ылайык лицензиясыз иш алып барууга 1 500 сомго чейин жана банк мыйзам талаптарын бузууга 5 000 сомго чейин айып салынат.

Банктык бардык операциялар, чет өлкө валютасы менен жүргүзүлүүчү операциялар дагы (алмаштыруу бюролордун иши кошо), Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү лицензиясы же күбөлүгү болгон шартта гана жүзөгө ашырылышы жана мыйзам бузуучулар Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин ченемдерине ылайык административдик жоопкерчиликке тартылып, аларга карата айып салына тургандыгы туралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы билдирет.

Банктык кызматтарды көрсөтүү боюнча кызыкчылыгы бар жактар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына банктык операцияларды ишке ашыруу боюнча укук берүүчү лицензия же күбөлүк алуу маселеси менен кайрылса боло тургандыгын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы маалымдайт.

Лицензия же күбөлүк алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий сайтында www.nbkr.kg жайгашкан Кыргыз Республикасынын укук жана ченемдик актыларга ылайык документтерди даярдап, арыз жазуу зарыл.

Лицензия же күбөлүк алуу маселеси боюнча толук маалымат алуу үчүн Улуттук банкка 0 312 66 92 55 жана 0312 66 92 54 телефондору боюнча кайрылууга болот.

Жалал-Абад шаарындагы мектеп-лицейде физика жана математика мектеби ачылат

Жалал-Абад шаарындагы №14 Сатыбалды Давлетов атындагы инновациялык мектеп-лицейинде физика жана математика мектеби ачылуу алдында турат.Бул мектеп ачылган соң ушул предметтер окуучуларга тереңдетилип окутула баштайт. Бул тууралу мектептин окуу тарбия-иштер боюнча директорунун орун басары Мырзайым Каратаева билдирди.

Анын айтымында, былтыркы 2015-2016-окуу жылында  билим берүү министири Элвира Сариеванын мугалимдер менен жолугушуусу болуп, анда Жалал-Абад шаарында физика жана математика мектебин ачуу туурасында маселе козголгон. Эми ошол айтылгандар ишке ашып жатат.

-Министирлик тарабынан шаарда биздин мектеп тандалып алынып,  бизге атайын буйрук келди. Буйруктун негизинде физика жана математика мектеби учурда ачылуу алдында турат. Быйыл 18-августтан 20-августка чейин министирлик тараптан биздин мугалимдерге ушул предметтер боюнча атайын окуутулар жүргүзүлдү.Биз учурда аталган  сабактарынан жаңы окуу жылына окуу планын түзүп,окуучулардан экзамен алып, эки класс түзүлдү.Министирлик тарабынан окуучуларга тереңдетип сабак берүүнү баштоо боюнча уруксат берилсе, 1-октябрда мектеп ишке кирет деген ойдобуз, -дейт ал.

Эскерте кетсек,С.Давлетов атындагы инновациялык мектеп-лицейинде учурда 1868 окуучу окуса, аларга 92 мугалим билим берип келе жатат.

Бишкекте ички иштер органдарынын ишине баа берүүдө жаңы ыкмаларды талкуулашат

“Эркин муун” либералдык жаштар альянсы жана “Реформа жана натыйжа үчүн” жарандык союзу Бишкек шаарынын Свердлов районунун, Өзгөн жана Талас шаарларынын ички иштер органдарынын (ИИО) ишине тышкы баа берүүнүн жаңы ыкмаларын апробациялоонун жыйынтыктары боюнча тегерек стол өткөрөт. Тегерек стол “Плаза” мейманканасында саат 9:30да өткөрүлөт. Дареги Тоголок Молдо көчөсү, 52.

USAIDдин Биргелешип башкаруу программасы тарабынан колдоого алынган “ИИОнун ишине тышкы баа берүү: жаңы ыкмаларды апробациялоо” долбоорунун алкагында пилоттук региондордо жергиликтүү бийлик жана шаардык кеңештер бекиткен демилгечил топтор түзүлгөн, ошондой эле изилдөө жүргүзүлгөн. Изилдөөнүн жыйынтыктары пилоттук региондордо калктын ишениминин деңгээлин жана аларды ИИОнун кабылдашын аныктоого, ИИО тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгү жана сапаты жөнүндө коомдун пикирин билүүгө жана аймактагы укуктук тартип чөйрөсүндөгү проблемаларды ИИОнун чече ала тургандыгына баа берүүгө жардам берди.

Изилдөө сурамжылангандардын 40,4%ы ИИОнун иши тууралуу ЖМКлардан жана Интернет аркылуу билишээрин көрсөттү. Калктын ИИОнун иши тууралуу маалымдар болушунун маанилүү критерийи болуп жашоочулардын өздөрүнүн участкалык ыйгарым укуктуу милициясын билүүсү саналат. Бардык пилоттук аймактарда сурамжылангандардын 62%дан көбү өздөрүнүн участкалык милиционерин көргөн эмес же ага кайрылган да эмес. Сурамжылангандардын көпчүлүгү – 85%ы жергиликтүү милициянын начальнигин жана ИИОнун жетекчилигин билбейт. Жарандардын жеке коопсуздугу боюнча социалдык кооптуулуктун жетишээрлик түрдө жогорку деңгээли аныкталды. Беш проблема пилоттук аймактардын жашоочуларын көбүрөөк тынчсыздандырат, алар: уурулук, баңги жана ичкилик, коррупция, ээнбаштык, радикалдуулук/экстремизм.

Тегерек столдо изилдөөнүн жыйынтыктары жана милициянын ишин жакшыртуу боюнча сунуштамалардын жыйындысы көрсөтүлөт. Башкы сунуштама болуп ИИОнун ишине тышкы баа берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ИИОнун жана жарандык коомдун коомдук коопсуздукту камсыз кылуу жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен пландарын колдонуу саналат. Бул ыкма алгач калктын укуктук тартиптин камсыз болушуна муктаждыгын түшүнүүгө, андан соң милиция коомдун муктаждыгына жараша канчалык иштей ала тургандыгына байкоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Биргелешип башкаруу программасы Кыргыз Республикасында өкмөттүн, жарандык коомдун жана менчик сектордун өнөктөштүгүн чыңдоого багытталган. Программа АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү министрлиги (DFID) тарабынан каржыланган жана Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) тарабынан ишке ашырылууда.

Бөдөнөнүн жумурткасы кандай дартка дабаа

 

Баалуу азык 

Бөдөнөнүн эти менен жумурткасы абдан баалуу диеталык азык. Бул тыпыйган кичинекей бөдөнө жумурткаларын балдар абдан сүйүп жешет жана анын балдардын рационунда болушу пайдалуу. Себеби, даамдуу азыктандыруучу бул жумурткалар эч убакта аллергия чакырбайт жана зыянсыз. Жада калса жумуртка каршы көрсөтүлгөндөргө да зыянын тийгизбейт.

Кандай дартка дабаа?

Япондордо бөдөнөнүн жумурткалары байыркы табигый дары болуп эсептелип келгени белгилүү. Бөдөнөнүн жумурткалары менен дарылоо дүйнөнүн бардык жеринде бар.

Ашказан оорулары, өзгөчө ашказан жарасы менен он эки ичеги карын карын жана гастрит оорусу

  • Аз кандуулук
  • Баштын катуу оорушу
  • Өнөкөт өт оорулары
  • Кургак учук
  • Организмдин ар кандай зыяндуу радиациялардан сактайт
  • Кан басымдын көтөрүлүшү жана түшүп кетиши
  • Тамак сиңирүүнүн бузулушу
  • Кан аздуулук
  • Нерв системасынын бузулушу
  • Аллергия
  • ОРЗга болгон сезимталдуулук
  • Жыныстык жактан күчтөндүрүү
  • Боюнда бар аялдардын токсикозун кетирет
  • Көздүн оорусун
  • Белоктун өсүшүн өстүрө турган эң сонун каражат. Белок организмде 80% өздөшөт жана 10 даана колдонгондо да диатез чакырбайт

Айыктыруучу каражат кенчи

Бөдөнө жумурткалары – азыктандыруучу заттардын жана айыктыруучу каражаттардын кенчи. Тооктун жумурткасына салыштырмалуу бөдөнөнүн жумурткасынын бир граммында: А витамин-2,5 эсе, В1 витамини -2,8 эсе, В2 витамини-2,2 эсе көп. Бир жумуртканын салмагына барабар бөдөнөнүн беш жумурткасында фосфор менен калийдин өлчөмү беш эсе, темирдики төрт жарым эсе жогору. Ошондой эле башка пайдалуу заттардын да өлчөмү беш эсе жогору. Бөдөнөнүн курамындагы тиразин белгилүү болгондой, теринин сулуулугу үчүн кам көрөт. Ошондуктан аны косметикалык өндүрүштөрдө да көп колдонушат. Бөдөнөнүн жумурткасы адамга керектүү биологиялык топ болуп эсептелет.

Айлун БЕКТЕМИРОВА

Булак: Асман плюс

 

 

ФИФА Кыргызстан — Казакстан жолдоштук беттешинин официалдуулугун жокко чыгарды

Кыргызстандын жана Казакстандын курамалары 30-августта жолдоштук беттеш өткөрүп, кыргыз футболчулары атаандашын биринчи жолу 2:0 эсебинде утуп алган эле. Бул жыйынтыктар ФИФАнын рейтингине таасир этип, Бириккен Араб Эмирлигинде 2019-жылы өтүүчү Азия чемпиондугуна карата даярдык катары сыпатталган. Бирок, ФИФА командалар шартты бузуп, 6 жолку алмашуунун ордуна 7 жолку алмашууну макулдашкандыгы үчүн деп беттештин официалдуулугун жокко чыгарды. Эми оюндун жыйынтыгы рейтингге дагы таасир этпешин билдирди.

semetej-sultanov

Кыргыз футбол федерациясынын президенти Семетей Султановдун айтымында, жети алмашуу киргизүү демилгеси казак тарапка таандык. Анын маалыматына таянсак, башкы максат көбүрөөк футболчуларды талаага чыгарып, потенциалын аныктоо болгон. “Кыргызстан менен Казакстандын жолдоштук беттеши өтө принципиалдуу оюн болгон. Ошондуктан бир алмашуу же он алмашуу болобу, эң башкысы оюндун жыйынтыгы. Мен үчүн рейтинг эмес, кураманын оюну маанилүү. Биз ФИФАга алдын-ала кат менен кайрылганбыз, календарда официалдуу деп тура берет.  Биздин башкы максатыбыз 2019-жылы өтө турган Азия кубогуна чыгуу. Ал үчүн көбүрөөк беттеш өткөрүшүбүз керек. Учурда курама кызуу даярдык көрүүдө” – дейт Султанов.

 

Спорт журналисти Бакыт Шукуралиев, командалар арасында алдын-ала макулдашуу болгонун ырастады. Бирок, маселе маалыматтын коомчулукка өз убагында жетпегендиктен келип чыгып жатканын белгиледи.

bakyt-shukuraliev

“Матч болоордун астында эки тараптын футбол федерациялары сүйлөшөт. Баардык шарттарын карап чыгышат. Алдын-ала макулдашканда ФИФА календардан алып салышы керек эле. Дагы бир маселе бул маалыматтын убагында коомчулукка жетпей калганында. Буга чейин Таджикстан менен болгон беттеш да официалдуулугун жоготкон. Анда кыргыз футболчулары 4:1ге жеңилген эле. Биз тарап Дениэл Тего кыргызстандын жарандыгын ала элек болгонуна байланыштуу, аны талаада сынап көрүү үчүн жети алмашуу жасоону суранышкан. Атаандашыбыз макул болуп, жыйынтыгы ФИФАнын рейтингине таасир эткен эмес.  Мындай көрүнүштөр дүйнөлүк практикада көп эле кездешет”- дейт журналист.

jermek-baktijar-uulu

Футбол күйөрманы Эрмек Бахтияр уулу ФИФА беттештин официалдуулугун жокко чыгарганына таң калбаганын айтты.

“Бул жаңылыкты укканда аябай деле таң калган жокмун. Казактар утулганын моюнга албай, бир айласын табаарын сезгем. Себеби Кыргызстан ФИФАнын рейтингинде100-орунга чыкканда, Казакстан 136-орунда эле. Кыргызстандан артта калганына намыстанып, эки айдын ичинде 96-орунга көтөрүлдү”- дейт күйөрман.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстан менен Казакстан официалдуу жети беттеш өткөрүп, беш жолу тең чыгып, эки жолу утулган эле.

Элвира АКИМОВА

Булак: Де-Факто

Гүлдөй бер, Түрк аба жолдору

 

Эмки саякатыбыз түрк элинин тарыхы, сыймыгы болгон султандар жашап өткөн сарайларга болмокчу.

Turkish Airlines  компаниясы ММК үчүн уюштурган бул иш-чарага 18 мамлекеттен 100гө жакын журналисттер келгенин өткөндө айтып өткөнбүз. Келгенден бери орус тилдүү КМШ өлкөлөрү болгон Казакстан, Кыргызстан, Тажикстандан келгендер дароо бири-бирибиз менен жакындан таанышып бир туугандай боло түштүк. Келген күнү эле “whatsapp”тан  группа түзүп, телефон номерлер менен алмашып, бири бирибизди сүрөткө тартып жакын болуп кеттик. Аталган мамлекеттерден башка Япония, Кытай, Малайзия, Сингапур, Индия, Монголия, Корея сыяктуу мамлекеттин өкүлдөрү менен англисче билгендер таанышып жатышты. Turkish Airlines  компаниясынын маркетинг жана сатуу бөлүмүнүн менеджери Жибек Камшыбаева баштаган казак кесиптештерибиз Ирина, Дана, Еркебулан жана Арман менен ошондой эле Тажиксандан келген кесиптештер Лайло Касымова жана Мухамад Егамзод менен бир туугандай боло түштүк. Ал эми бизден «Акипресс» сайтынан Гүлнара  Бейшекеева, «Zanoza. Kg” сайтынан Светлана Моисеева жана Түркия  элчилигинин  басма сөз  кеңешчисинин  жардамчы -котормочусу  Айзада Сарбагышева менен  бир үй-бүлөдөй  болуп чогуу  жүрдүк.

Картинки по запросу дворец топкапы турция

Топкапы сарайы

Ошентип автобус бизди бир базарга алып келди. Бул жерде түрк элине тиешелүү болгон атактуу «Рахат-лукумдун» түрлөрү, ар кандай таттуулар, жаңгактар сатыла турган базар экен. Биздин чет элден келгенибизди байкагандыктанбы же өздөрүнүн баасы эле ушунча кымбатпы, айтор биздин баага айлантканда биз үчүн кымбат болуп калат экен. Ошентсе да балдарга базарлык деп лукумдан баарыбыз алдык. Ал базардан алыс эмес жерде жайгашкан  Топкапы сарайына бет алдык. Түрк элинин атактуу «Даңазалуу доор» аттуу тарыхый  кино тасмасы дүйнө элине көрсөтүлгөндөн бери Султандар жашап өткөн сарайды көрүү көп эле көрүүчүлөрдүн каалоосу болсо керек. Мен дагы бул тасманы көргөндөн кийин сөзсүз көрүп келүүнү максат кылдым эле.

Эми минтип тилегим аткарылып Топкапы сарайынын алдында турабыз. Журналисттик күбөлүгүбүздүн негизинде биз кирүү билетин сатып алган жокпуз. Негизи сарайга кирүү акысы 40 лир (900 сом) экен. Ал эми гаремге кирүү өзүнчө 25 лир (550 сом). Сарайга кире бериш жерде аэропортко киргендей бардык текшерүүдөн өткөрүп анан гана киргизет. Кирүү үчүн кезек күткөндөр абдан эле көп.  Көптөн бери  эңсеген сарайдын короосуна кирип, залдарды аралап жүрүп кайрадан «Даңазалуу доор» тасмасы эсиме түшүп, бул сарайда  эмне деген гана тарыхый жылдар, эмне деген гана түрк элинин тарыхына өчпөс из салган адамдар жашады экен деп ойго баттым. Бирде султан Сулеймандын, бирде Ибрагим пашанын, бирде Хюремдин элестери тартылып, Сүмбүл ага алдымдан чыга калчудай топ элдердин арасынан караанын издедим. Ал эми сарай жактан Мармар деңизин карап туруп түрк Султандары да ушул жерден деңизди ойлуу карап, сулуулукка суктанып деңиз жактан соккон айдарым желге жүздөрүн тосуп турса керек деп ойлодум.

Топкапы сарайы Мехмед Султандын буйругу менен 1475-1478-жылдары салынган. Андан кийин Султан Сулеймандын доорунда Хюрем султандын өтүнүчү менен сарайдын ичине гарем салыныптыр. 1923-жылдан баштап Топкапы сарайы музей болуп калган экен. Осмон империясынын 6 кылымдык тарыхын камтыган бул сарайда  дүйнөлүк маанидеги тарыхый чечимдер чыгып, атактуу 25 түрк Султандары жашап өтүптүр. Топкапы сарайы 700 кв/м жерди ээлеп, тегереги 1400 кв/м дубал менен курчалган. Ошондой эле  Топкапы сарайы өзүнүн көркөмдүгү менен 19-кылымга чейин Султандардын сарайы статусун кармап турган жана Стамбул шаарынын ушул кезге чейин тарыхый байлыгы болуп эсептелет.

Сарайды айлана сүрөткө түшүп жатып ичи көңдөй болуп оюлуп калган эски даракты көрүп, оюлган ичине кирип сүрөткө түштүк. Далай тарыхтын күбөсү болгон бул карт дарак канча Султандарды көлөкөсү менен далдалады экен деп ойлоп жатып кайрадан Султан Сулеймандын даракты жеп жаткан кумурскаларга зыян келтирбей башка жакка көчүргөн боорукерлигин, бирок акыйкаттык үчүн  балдарын да аябаган катаалдыгын эстедим. Кумурскалар ичин оюп жеп койсо да бутактарын жайылтып өсүп жаткан карт даракты карап туруп канча душманды жеңип, мамлекетин гүлдөтүп өстүрүп жаткан түрк мамлекетине салыштырдым. Ылайым Түрк боордошторубуздун тамырлары тереңге кетип, канат-бутактары жайылып гүлдөп өсө берсин!

Картинки по запросу мечеть султанахмет

 Султан Ахмет мечити же Көгүш мечит

Эми баарыбыз Султан Ахмет мечити же көгүш мечит деп аталган мечитке келдик. Бул мечит 1609-1616-жылдары султан Ахмед1-нин буйругу менен, кадимки Султан Сулеймандын мечитин салган атактуу архитектор Синан Аганын  шакирти Седефкар Мехмет Аганын долбоору менен салынган экен. Мечитке кирүү акысыз. Кире бериште бут кийимди чечип, аялдар үчүн атайын тигилген кийимдерди кийип ичине кирдик. Бул мечиттин көгүш мечит аталып калышынын себеби изник керамикасы менен кооздолуп, көгүш, агыш түстөгү сыр менен сырдалыптыр. Мечиттин куполдору, дубалдары көгүш түстөгү оймо-чиймелер менен кооздолгондуктан 260 терезеден түшкөн жарык мечитти көгүш түстө кылып көрсөтөт. Ошондуктан Султан Ахметтин ысымы менен аталган бул мечитти европалыктар Көгүш мечит деп атап  коюшуптур.

Кечинде RADISSON BLU HOTELге кайтып келдик. Баса бул отелдин эки кишилик номерлеринин бир күндүк баасы 90 евродон жогору экен. Ар бирибизге эки орундук болгонуна карабай бирден номерге жаттык. Жүктөрүбүздү алып эми үйгө кайтуу үчүн аэропортко жөнөдүк. Казакстан, Кыргызстан, тажикстандыктардын учуу саатынын айрымасы  40 мүнөт, бир саат болгондуктан баарыбыз чогуу бизнес залга келдик. Ушунчалык чоң залда түрлүү тамак-аштар, кофе, чай, суусундук, ширелерди каалаганча жеп- ичкенге болот экен.

Тамактангандан кийин биринчи Лайло менен Мухамадды узаттык. Андан кийин казак достор кетишти. Акырында биз  учууга даярдандык. Ордубуз бизнес класс болгондуктан жүргүнчүлөрдүн баары орун алгандан кийин акырында барып отурдук. Орун алаарыбыз менен жүздөрүнөн жылмаюу кетпеген татынакай түрк стюардесса кыздар ширелердин түрүн жана ар кандай пирожныйларды  көтөрүп келишти. Ал эми меню менен жаккан тамакты тандап алса болот экен.

Бишкекке учуп келгенче  атын Буржу Пала деп тааныштырган стюардесса кыз улам-улам чай, кофе, ширелерди алып келип, дагы эмне керек деп илбериңки сурап жатты. Кыскасы, Turkish Airlines   авиакомпаниясы уюштурган бул саякат өзгөчө жакты. Баса, аталган компаниянын учагы менен Бишкектен Стамбулга бизнес класс менен учуу акысын карап көрсөм 1590-1850 доллар экен. Барып-келиш жолубуз, мейманкана, үч маал тамак-аш, ар кандай саякат жана авто унаа акысын орточо санап, аларды 100 адамга көбөйтүп көрүп укмуштай көп акча болорун ойлоп, Turkish Airlines   авиакомпаниясы мындан да бай жана дүйнөдөгү алдыңкы компаниялардын бири боло беришин тиледим. Ылайым Түркия мамлекети гүлдөп өсө берсин!

Бишкек-Стамбул-Бишкек

Лариса Асанбекова

Булак: “Асман плюс”

Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийликтери шаардагы карыяларга азык-түлүк пакеттерин таркатышты

Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бийликтери Эл аралык карылар күнүнө карата башталган бир айлык акциянын алкагында шаардагы карыяларга азык-түлүк пакеттерин таркатышты. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Турдалы Темирбаев билдирди.

Анын айтымында, шаар мэриясы 15-сентябрдан 15-октябрга чейин карыларга көңүл буруунун бир айлыгын жарыялаган. Ушул бир айлык акциянын алкагында шаар мэриясынын биринчи вице-мэри Таирбек Чойбеков, шаардык кеңештин төрагасы Эрнисбек Ормоков баштаган шаардык ишканалардын жетекчилери шаардагы карыяларга азык-түлүк пакеттерин таркатышты.

-Баары болуп үйүнөн сыртка чыга албаган 76 карыяларыбыздын кабар алдык, аларды келе жаткан эл аралык майрамы менен куттуктап, азык-түлүк пакеттерин тапшырдык. Алар, албетте, буга кубанышып, ыраазылыктарын билдиришти. Албетте, биз муну менен эле чектелип калган жокпуз. Бардык ишканаларда, жамааттарда бир айлык акция боюнча иш-чаралар пландары белгиленген, ошол боюнча иштер жүрүп жатат, – дейт Т. Темирбаев.

Эске сала кетсек, эртең жергиликтүү бийликтер Жалал-Абад шаарындагы 124 карыяга жергиликтүү бийликтер сый тамак берип, кеңири программадагы концерт тартуулашат.

 

Алмаз Дүйшеев, активист: "КТРКны жоюп, Илим Карыпбековду жок кылыш керек"

“КТРКны 2005-жылдагы революциядан кийин оңолот, коомдук телеканал болот деп күттүк, бирок оңолбоду, кайра эле Бакиевдик бийликтин камчысын чапты. 2010-жылдагы революциядан кийин оңолот, коомдук телеканал болот деп үмүт кылдык, бирок оңолбоду, кайра эле Атамбаевдик бийликтин камчысын чаап жатат”, – деп билдирди жарандык активист Алмаз Дүйшеев 27-сентябрда Бишкекте, “Достук” мейманканасында өткөн Жарандык көзөмөл комитетинин “Конституцияга өзгөртүүлөр: жол берилбестик же зарылчылык” аттуу форумда.

“КТРКнын кылган иши бийликти мактап кошоматтанып, оппозицияны жамандамай болуп калды. Ошондуктан КТРКны жыл сайын бюджеттен миллиондогон сомго каржылап олтурбай эле жоюп салыш керек, гендиректору Илим Карыпбековду жок кылыш керек. Монголияда мамлекеттик телеканалды жоюп салышты эле 50дөн ашык жеке менчик телеканалдар пайда болушуп, өз ара атаандашуу менен бир жакшына иштеп жатышат”, – деди Алмаз Дүйшеев.

PS. “Илим Карыпбековду жок кылыш керек” дегени “кызматтан кетириш керек” дегени деп түшүндүк.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Фото - Генерал Дүйшөбаев кантип олигархка айланган?..

2010- жылдын 9-апрелинен тартып 2011- жылдын 5-декабрына чейин улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматын (УКМК) жетектеген Кеңешбек Дүйшөбаевди кимдер билбейт. “Үч тамгадан” шыпырылган соң маңзатын жөнгө салуу боюнча мамлекеттик кызматын азыноолак башкарганга да үлгүргөн жайы бар. Апрель революциясы айрымдар үчүн чоң жоготууну алып келсе, Кеңешбек Асанбекович үчүн ири байлык топтоого мыкты шарт түзүп бериптир. Бул тууралуу интернеттеги “Фейсбук” баракчасындагы “Мародёрлор тууралуу чындык” (“Вся правда о мародёрах”) аталыштагы группада К.Дүйшөбаевге жана анын уул-кыздарына катталган мүлктөр сурөтү менен кошо жарыяланды. Өмүр бою күч түзүмдөрүндө эмгектенген генералдын апрель окуясынан кийин “хансарайларды”, элиталык батирлерди алганынын сырын чечмелей албай убарабыз…

Макаланын башында баса белгилегендей, Кеңешбек Дүйшөбаев өмүр бою мамлекеттик кызматты, тагырагы, күч структурасында эмгектенген адам. Жалаң айлыкка иштеген киши кабат-кабат “хансарайларды”, элиталык батирлерди сатып ала албашы аштан бышык. Ал үчүн, бир гана жол бар –  ашынган коррупционер болушуң керек. Бул өңүттөн алып караганда, Кеңешбек мырза мамлекеттин, элдин эсебинен байыган чиновникпи деп кетесиң. Себеби, ал ушу тапта бир нече батирлердин,үйлөрдүн ээси. 2012-жылдын 9-октябрында Ысык-Көлдөн жер тилкесин сатып алганга да үлгүргөн.

“Атасынын баласы кыйын чыккан замана” демекчи,генералдын карачечекей уулу Азат Дүйшөбаев апрель окуясынан кийин эле расмий түрдө 6 кыймылсыз мүлк сатып алган, алар:
1.Чүй облусунун Аламүдүн районундагы кыймылсыз мүлк (2016-жылдын 15-марты);
2. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы жер тилкеси (2016-жылдын 15-марты);
3. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айлындагы “Давос” вип шаарчасындагы жер тилкеси (2013-жылдын 23-июлу);
4. Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айлындагы “Давос” вип шаарчасындагы жер тилкеси (2013-жылдын 23-июлу);
5. Бишкек шаарынын 8-кичирайонундагы коммерциялык багыттагы имарат (2012-жылдын 29-ноябры);
6. Бишкек шаарындагы үй (2012-жылдын 30-майы).

Ушундан улам мыйзам ченемдүү суроо туулат: кайсы каражатка мынча мүлкту сатып алды. Суроого Азат Кеңешбекович өзү гана жооп бербесе, биз аныгын биле албадык.

Ушул жерден бир кыстырма. Кеңешбек мырзанын бир кара чечекей кызы Айзада Кеңешбековна Дүйшөбаева 2010-жылдын 17-майында Чүй облусунун Аламүдун районунан кыймылсыз мүлк сатып алган. Дагы суроо салабыз: кайсы каражатка? Эмне үчүн атасы УКМК төрагасы болгондон кийин сатып алган?

Сүрөттөр “сүйлөйт”, баалар “бакырат”, эл жоопту күтөт…
Коомчулуктун бүйүрүн кызыткан батирлер, “особняктардын” өңү-түсүн элге ачык көрсөтүш үчүн, алардын айрымдарынын сүрөтүн комментарийсиз жарыялайбыз. Кеттик, анда!

14446036_191572501274541_7331076469723312777_n14470504_191572421274549_6051966424486112777_n

Борбордогу Панфилов көчөсүнүн №190 үйүнүн №2 батири К.Дүйшөбаевдин уулу Азат Дүйшөбаевге таандык. Базар баасы 3 млн. сомду чамалайт.

14469511_191572457941212_969078539375596698_n14457501_191572487941209_9103929609733485908_n

Бишкектеги Тажик көчөсүнө барсаңыз, №23 үй дароо көзгө чалдыгат. Билермандардын айтымында, ал өлдү дегенде 100 миң доллардын башын жутат. Ээси – кадимки генерал Кеңешбек Дүйшөбаев.

14390631_191572454607879_3547333313553562490_n

Табалдиев көчөсүндөгү №64 даректе жайгашкан мына бул “особняк” шилекейиңизди агызып атабы? Анын ээси дагы Кеңешбек Асанбекович. 200 миң долларга бааланган “хансарай” кайсы каражатка келгени бир Кудайга, анан генералга белгилүү болсо керек…

14470504_191572421274549_6051966424486112777_n14502719_191572451274546_4365424805787226698_n

Мобуреги сүрөттөгү ажайып үйдүн кожоюну Азат Дүйшөбаев “особнякты” сатып алыш үчүн 120 миң долларды кайдан тапты болду экен, ыя?

14484884_191572424607882_545620367353836871_n

Кеңешбек мырза “хансарайларда” жашагандан зериккенде 8-кичи районундагы №46/1 дарегинде жайгашкан мына бу элиталык батирине кетип калат. 5-6 млн. сомду “ап” этчү батирге каражат кайдан табылганы коомчулуктун бүйүрүн кызытып турган чагы.

14433003_191572417941216_4031633324399229038_n

Ошол эле үйдөгү береги “Армада” фитнес борбору убагында 100 миң долларга сатылып алынган экен. Оңбогондой киреше алып келчү клуб Кеңешбек Дүйшөбаевдин наамына катталган.

14463237_191572557941202_7132431450750904852_n

Чүй облусундагы “Байтик” айылында жайгашкан “Давос” вип-шаарчасындагы мына бул курулушу бүтө элек үй Азат Дүйшөбаевге караштуу. Базар баасы кеминде 7 млн. сомду чапчып жыгылат. 

14462893_191572591274532_5052160682891972256_n

Ошол эле “Давостогу” 13 сотых жер да Азат Кеңешбековичтин наамына катталган. Өтө эле “жирно” эмеспи, ыя?

14440872_191572587941199_5507616198214977686_n14462860_191572601274531_7354963651491383163_n

Мына бул сүрөттөгү жердин аянты канча деп ойлойсуз? Биздеги маалыматка караганда, 5 гектарга барабар. Ал Лебединовка айылындагы МТФ-2 көчөсүндөгү №4 даректе жайгашкан. Маалыматтарга таянсак, аны Азат Дүйшөбаев 20 миң долларга сатып алыптыр. Дагы суроо салгыбыз келет: кайсы каражатка?

14390685_191572631274528_3416599835030995357_n14495460_191572621274529_7397768116133822793_n

Ошол эле 5 гектар жерди ээлеген участоктун жанында 23 миъ 100 чарчы/метр аянттагы жер тилкеси да Азат Кеңешбековичтин жеке менчигине айланган. Базардагы баасы 5 млн. сомдон кемди көрсөтпөйт.

Сарыбагыштардын лидерине суроо салгыбыз келет, жооп береби?
Кеңешбек Дүйшөбаев акыркы мезгилде Сарыгабыш уурусунун өкүлдөрүнүн башын кошуп, алдыдагы президенттик шайлоого кызуу камданып атканын маалымат каражаттары жазышууда. Апрель революциясынын шарапаты менен миллиондорду чапчыган кыймылсыз мүлктөрдү сатып алган Кеңешбек Асанбекович космостук ылдамдыктагы баюунун сырын коомчулукка ачыктар. Же адатынча унчукпай кутулабы? Болочоктогу президенттикке талапкердин саяпкери болчу адам аны да коррупционер кылып тынбайбы? Эгер кокусунан бийлик башына келип калса, экөөлөп Кыргызстанды сатып жибербейби дүңүнөн?

Egemen.kg

Редакциядан: Албетте биз калыстык үчүн экинчи тараптын да үнүн угуп, бул материалдарга жооп берсе, генерал Дүйшөбаевге гезит бетинен оорун беребиз. Мынча байлыкты кайдан тапканын коомчулукка ачыктап койбосо, чын эле бетке чиркөө болбойбу?..

Булак: “Азия Ньюс”

Казакстанда кытай туристтери үчүн атайын турпакет иштелип чыкты

Казакстандын компаниялары Кытайдан келчү туристтер үчүн «Жети күнгө баары кошулган» деген 320 долларлык атайын туристтик пакет даярдашты. Бул тууралуу кечээ Астанада өткөн алгачкы казак-кытай туристтик форумунда айтылды. Пакет Кытайдан туристтерди тартуу максатында иштелип чыкты.

Казак туроператорлорунун кытай базарын тандап алуусу өткөн жылы ал өлкөдөн келген туристтерден турган топтор үчүн жеңилдиктерди берүү тууралуу меморандумга кол коюлгандыгы менен түшүндүрүлүүдө. Форумдун уюштуруучулары коңшу өлкөнүн тандалышына кытайлыктардын эң көп саякаттаган элдердин катарына киргендиги да түрткү болгонун билдиришти.

Кытайдын Туризм иштери боюнча мамлекеттик башкармалыгынын атайын өкүлү Дай Биндин айтымында, буга чейин Казакстанда болгон кытайлык туристтер Караганда өңдүү кичинекей шаарларда дагы» Wi-Fi бар экенине таң калышкан.

Дай Бин кытай туристтери үчүн транспорттук инфраструктуранын өнүгүшү менен алар жактырган азембелектер сатылган дүкөндөрдүн көп болушу маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле ал мекендештери Казакстанды автоунаада саякаттоого ыңгайлуу өлкө катары эсептешерин айтты.

Казак-кытай туристтик форуму башталар алдында Казакстандын туристтик агенттиктер биримдигинин башчысы Асель Нуркебаева кытайлыктар үчүн өлкө саякаттоонун бардык багыттары боюнча кызыктуу экенин жана алар көбүнчө эс алууга топ-топ болуп келе тургандыктарын айткан.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Тажикстанда ресторандарда чылым чегүүгө тыюу салынышы мүмкүн

Учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги даярдап жаткан чылым чегүүнү чектөө тууралуу мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөрдө көчөдө тамеки сатууга жана аны ресторандар менен башка көңүл ачуучу жайларда чегүүгө тыюу салуу сунушталган.

Ошол эле маалда психикалык ооруканалар менен түзөтүү жайларында тамеки тартууга уруксат берилген. Расмий статистика боюнча учурда өлкөнүн 500 миң жашоочусу чылым чегет, алардын 78%ын эркектер, 10%ын аялдар жана 12%ын өспүрүмдөр түзөт.

«Ооба, өзгөртүүлөр мыйзамды кыйла катаалдаштырат, бирок мындай чектөөлөр коңшу өлкөлөрдө да бар. Алар чылым көп чегүүдөн улам пайда болчу жүрөк-кан тамыр жана башка оорулардын алдын алууга багытталган», – деди өлкөнүн саламаттыкты сактоо министринин орун басары Навруз Жафаров.

Тажикстан Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун тамекиге каршы күрөшүү боюнча алкактык конвенциясын ратификациялаган. Өлкөдө 2010-жылдан бери «Чылым чегүүнү чектөө жөнүндөгү» мыйзам иштейт. Эксперттердин пикиринде, акыркы кездери жаштар менен аялдар арасында тамеки жана насвай тартуу көбөйүүдө.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Чыгыш Европа жана КМШ өлкөлөрүндө тамекиге каршы күрөшүү боюнча программасынын жетекчиси Жошуа Абрамс бул тармактагы башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы менен бөлүшүү үчүн Тажикстанга барган. Анын айтымында, чылымдын баасын 10% жогорулатуу жер шарындагы 10 миллиондон ашык адамдын өмүрүн сактап калууга жардам берет.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөнстан авиапаркын Өзбекстанда техникалык тейлөөдөн өткөрүүнү көздөөдө

Түрмөнстан «Узбекистан эйрвэйз техникс» ишканасынын базасында түркмөн авиапаркын оңдоо жана техникалык тейлөөдөн өткөрүү боюнча кызматташууну жөнгө салуу мүмкүндүктөрүн караштырууда. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдиришти.

Бул тармакта кызматташуу маселеси соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча өзбек-түркмөн биргелешкен комиссиясынын Ташкентте аяктаган жыйынында каралды.

Тараптар Ташкенттеги вагон куруу жана оңдоо заводунун базасында түркмөн темир жолунун поезддерин жаңылоо боюнча ийгиликтүү өз ара кызматташууну баса белгилешти.

Буга чейин Түркмөнстандын Темир жол транспорту министрлиги менен «Узбекистон темир йуллари» ортосунда меморандумга кол коюлган. Ага ылайык, Түркмөнстан массалык түрдө өзүнүн темир жол вагондорун Өзбекстанда техникалык тейлөөдөн өткөрүүнү пландоодо.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Немцовдун өлүмү боюнча ишти кароо үчүн коллегия мүчөлөрү тандалды

Москва округдук аскерий соту оппозициячыл саясатчы Борис Немцовдун өлүмү боюнча ишти кароо үчүн соттук коллегия мүчөлөрүн тандады. “Москва” агенттиги адвокат Шамсудин Цакаевге шилтеме кылуу менен шаршемби күнү сот 12 негизги жана 10 кошумча коллегия мүчөсүн тандаганын билдирди.

Алгачкы отурум 3-октябрга белгиленди.

Соттук коллегияны экинчи жолку аракеттен кийин түзүүгө мүмкүн болду. Августтун аягында талапкерлердин көбү жеке себептерден улам ага мүчө болуудан баш тарткан.

Борис Немцовду 2015-жылы 28-февралга караган түнү Москванын борборунда, Кремлден алыс эмес жерде атып кетишкен. Кылмышка мурдагы аскер офицери Заур Дадаев жана чеченстандык төрт киши айыпталууда. Борис Немцовдун туугандары менен тарапташтары буйрутма бергендерди табууну жана иш боюнча Чеченстан башчысы Рамзан Кадыровду суракка алууну талап кылышууда. Алардын пикиринде, кылмышка чечен лидеринин тиешеси бар.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

АКШ Сирия боюнча Орусия менен кызматташуусун токтоторун эскертти

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри эгер Москва менен Башар Асаддын режими Алепподогу согуштук аракеттерди токтотпосо, анда Орусия менен Сирия боюнча кызматташуусун токтоторун билдирди.

Мамлекеттик департаменттен кабарлашкандай, Керри Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен болгон 28-сентябрдагы телефондук сүйлөшүүсү маалында ага кескин талап койду.

Мамдепартамент башчысынын басма сөз катчысы Жон Кирби «эгер Орусия Алепподогу соккуларын токтотуу боюнча тез аранын ичинде кадам жасабаса, анда Вашингтон Орусия менен АКШ ортосундагы Сирия боюнча эки тараптуу кызматташууну токтотууга даярдана баштарын» билдирди.

Орусия ТИМи расмий билдирүү таратып, анда Керри менен болгон сүйлөшүүсүндө Лавров АКШны Сириядагы оппозициялык жана террорчул топторду бөлүү боюнча алган милдеттенмелерин аткарууга чакырганын белгиледи.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

ОПЕК ноябрдан тарта мунай өндүрүү көлөмүн азайтат

Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюму (ОПЕК) ноябрдан тарта сырьё өндүрүү көлөмүн чектөө чечимин кабыл алары менен чийки мунайга болгон дүйнөлүк баалар жогорулады.

ОПЕК мүчөлөрү шаршемби күнү Алжирде өткөн бейформал жолугушуунун жүрүшүндө мунай өндүрүү көлөмүн бир аз — болжол менен күнүнө 700 миң баррелге чейин азайтуу боюнча макулдашты. Муну менен ОПЕК бир жыл мурдагы нормага кайтып барат.

Уюмдун өкүлдөрү ар бир өлкө үчүн өндүрүш көлөмү Венада өтчү 30-ноябрдагы жолугушууда макулдашыларын билдиришти. Андан сырткары ОПЕК дүйнөлүк базардагы абалды жакшыртуу үчүн мунай экспорттогон башка өлкөлөрдүн да колдоосуна ээ болууга ниеттенүүдө.

2014-жылдын ортосунан бери мунайга болгон баалар эки эсеге төмөндөгөн. ОПЕКтин макулдашуусу жөнүндөгү кабардан соң баалар 5 пайызга жогорулады.

Курамына 14 өлкө кирген уюм мунай экспортунун 40 пайызын көзөмөлдөйт. Бирок негизги өндүрүүчүлөр, анын ичинде Орусия ал блокко кирбейт. Мунайга болгон дүйнөлүк баалардын төмөндөөсүнүн себептеринин бири АКШда күйүүчү сланецтен мунай өндүрүү технологиясынын киргизилиши болгон.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Чолпонкул Арабаев: “Акылдуу эсептегичтер кыргыз окумуштуулары тарабынан мындан 7-8 жыл мурда эле ойлонуп табылган”

Кечээ, 28-сентябрда Жогорку Кеңеш караган илим чөйрөсүнө тиешелүү мыйзам долбоору биринчи окууда 99 добуш менен кабыл алынды. Республиканын ресурстук мүмкүнчүлүктөрүнө жана заманбап талаптарга жооп берген академиялык илим системасын өнүктүрүү, өлкөнүн илимий техникалык потенциалын калыптандыруу максатында иштелип аталган мыйзам долбоору боюнча ой бөлүшүп, КР Улуттук илимдер академиясынын Президиумунун башкы окумуштуу катчысы, академиянын мүчө-корреспонденти Чолпонкул Арабаев да ушул эле күнү “Парламент” радиосунун түз эфиринде болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Илим тармагын өнүктүрүүгө каралган каржылык колдоо мамлекет тарабынан ИДПнын ченеминде алганда 0,88%ды гана түзөт. “Мындай абал  кандайдыр бир олуттуу ачылыштарды жарата салууга толук тирек боло албайт. Ошондуктан, илим тармагын коммерцизациялоо зарыл. Бул деген илимдеги ачылыштарды колдонуу менен киреше табууга жол ачуу дегендик. Аны ири завод-фабрикаларды күтүп олтура бербей, ишкердиктин чөйрөсүнө сунуштаган туура. Себеби, азыркы колдонулуп жаткан электр энергиясы үчүн акылдуу эсептегичтер биздин, кыргыз окумуштуулары тарабынан мындан 7-8 жыл мурда эле ойлонуп табылгандыгын айтышыбыз керек”,- дейт Ч.Арабаев.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда мамлекеттик илимий уюмдарда иштеп жаткан илимдин докторлоруна (профессорлорго) жана кандидаттарына эмгек өргүүсүн тиешелүү түрдө 48 жана 36 жумуш күн берилиш керек,- деп  айтылууда. Бул мурда деле болуп келген норма. Аны өзгөртүп коюу туура эмес болуп калмак. Себеби окумуштууларды турак-жай менен камсыздоо суроосу курч турганда жок дегенде эмгек өргүүсү жагынан жетишээрлик эс алуу күндөрүн камсыздоо зарыл,- дейт КР Улуттук илимдер академиясынын Президиумунун башкы окумуштуу катчысы, академиянын мүчө-корреспонденти.

 

Өлкөдө «алтын» автоунаа номурларын миллиондорго сатып алышууда

Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, Бишкекте 28-сентябрда өткөн аукциондо 777 ААА автоунаа номуру 1 миллион 716 миң сомго сатылды.

Маалыматка караганда, бул каражат онлайн-аукцион башталгандан бери мамлекеттик номур үчүн сунушталган эң жогорку баа. Кечээ башталган онлайн-аукционго тогуз адам катышкан. Алардын баары 6000 сом өлчөмүндө кепилдик акы төлөшкөн. Бул аукциондогу баштапкы баа – 60 миң сомдун он пайызы.

Мындан мурда 01 111 ААА номуру 160 миң сомго, 01 888 ААА номуру 180 миңге, 01 999 ААА – 282 миңге, 01 001 ААА – 594 миңге сатылган.

Онлайн-аукциондун эрежеси боюнча номурду алуу сертификаты үчүн жеңүүчү үч күндүн ичинде акча төлөшү керек. Эгер ал баш тарта турган болсо анда номур андан кийинки көп акча сунуштаган катышуучуга сатылат.

Окшош сандардан турган мамлекеттик автоунаа номурлары 19-сентябрдан тарта сатыла баштаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Шашылыш билдирүү: аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт

2016-жылдын 30-сентябрынан 3-октябрга чейин мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө 13…18° жылуулукка чейин, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 17…22°, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана тоо этектеринде 11…16° жылуулукка чейин, тоолуу райондордо 0…5° суукка чейин төмөндөйт. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2016-жылдын 27-сентябрында КР ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

Меню