Menu

Фотобаян - Жалал-Абад шаарынын жаштары фото-сүрөттөрдү эркин алмашууга багытталган “Сүрөт кургатуу”(фото сушка) акциясын өткөрүштү

Жалал-Абад шаарынын жаштары дем алыш күндөрү областтык Барпы атындагы драма театрынын алдындагы аянтта фото-сүрөттөрдү эркин алмашууга багытталган “Сүрөт кургатуу”(фото сушка) акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу шаардагы “Жаш жарандарды өнүктүрүү” коомдукфондунун ыктыярдуу өкүлү Бегимай Бегимкулова билдирди.

Анын айтымында бул фото-сүрөттөрдү эркин алмашуу багытындагы акция шаарда экинчи жолу өткөрүлүп жатат. Быйылкы жылкы акциянын өткөрүү үчүн 12 кишиден турган уюштуруу комитети түзүлүп, тийиштүү даярдыктар жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында бул иш чарага жаш сүрөт тартууга кызыккан жаштар жана дасыккан сүрөтчүлөр андан тышкары эл аралык алдыңкы сүрөтчүлөрдүн эмгектери илинген. Алар сүрөттөрүн бизге электрондук даректер аркылуу жиберишкен. Аянтчага керме жип тартылып, каалаган кишилер ага өздөрү ала келген фото-сүрөттөрдү кийим кыпчыткыч менен илип коё алышат. Мындагы дагы бир өзгөчөлүкким каалаган өзүнө жаккан сүрөттү алып кеткенге мүмкүн, бирок анын ордуна өзүнүн ала келген сүрөтүн илип коюшу керек.

-Бул акциянын максаты-коомчулуктун, айрыкча жаштардын өз ара карым-катнашын өнүктүрүү, алардын руханий дүйнөсүн байытуу, кооздукка, көз ирмемге катып калган элестер аркылуу мезгилге болгон мамилесин ойготууга багытталган заманбап иш-чараболуп саналат. Өткөрүлгөн акция учурунда жалпысынан үч жүзгө жакын сүрөттөр илинди, – дейт Бегимай Бегимкулова

Бул акцияга активдүү катышкан жаштарга уюштуруучулар тарабынан байгелер берилди. Ал эми акцияга катышкан Жалал-Абаддагы Зуура Нурматова атындагы кыздар түрк лицейинин окуучусу Мадина Уларбекованын айтымында, шаар жаштарынамындай өзгөчөлөгөн иш-чаралар абдан керек болчу.

-Бул өткөрүлгөн “Сүрөт кургатуу” акциясы мага абдан жакты, анда мыкты жана өзгөчө сүрөттөрдү көрүүгө болот. Мындай саамалыктар шаарда дагы да көп болуп турса жакшы болмок. Ушул иш-чараны уюштургандарга да чоң рахмат ,- дейт ал.

Эске салсак,сүрөт тартууга кызыккан жана дасыккан сүрөтчүлөрдүн алдыңкы эмгектеринен куралган“Сүрөт кургатуу” (Фото-сушка) иш-чарасы алгач 2010-жылы Россиянын Санкт-Петербург шаарында башталып, Россиянын башка шаарларына андан тышкары чет өлкөлөргө да тараган.

zha-fotosushka

zha-fotosushka2

zha-fotosushka3

zha-fotosushka4

zha-fotosushka5zha-fotosushka6

Рита Карасартова, активистка: "Бүгүн Иса Өмүркуловдун калпы чыкты, талкууга чакырсак "келалбайм, чет жакта болом" деген, азыр эле парламентте жүргөнүн көрдүк"

“Бийлик Конституцияга өзгөртүүлөр боюнча талкууларды бүтүрдүк, эми кабыл алабыз деп жатышат. Кайсы жерлерде, канча жолу талкуу болду? Канча киши пикирлерин, сунуштарын айтты? Стенограммалары барбы? Ал сунуш-пикирлерди кайсы эксперттер иргеп тандап алды? Ал эксперттердин компетенттүүлүгү кандай? Аларга ким полномочие берди? деп сурасак жооп бере алышпайт. Өздөрү талкууга чакырсак келишпейт ”, – деп билдирди укук коргоочу Рита Карасартова бүгүн, 27-сентябрда Бишкекте, “Достук” мейманканасында өтүп жаткан Жарандык көзөмөл комитетинин “Конституцияга өзгөртүүлөр: жол берилбестик же зарылчылык” атту форумда.

“Мына бүгүнкү талкууга да демилгечилерден 28 депутат чакырылган болчу, бирок бирөөсү да келген жок. Анан алар кимдер менен талкуу өткөрүп жатышат? СДПКнын лидери Иса Өмүркуловду чакырсак “мен алыста, чет жакта болом” деп койгон, азыр парламентте кокустан жолугуп калдык, калпы чыгып, уят болду”, – деди Рита Карсартова.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Өмүрбек Текебаев: "Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун аялынын 100 гектар жери бар, өзүнүн 31 участогу бар экени такталды"

“Атамбаевдин жакын кишиси, Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун дагы жер участоктору табылды, азырынча 31 участогу бар экени такталды. Андан башка аялынын да 100 гектар жери бар экен”, – деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев кечээ, 26-сентябрда журналисттерге өзүнүн мүлктөрү боюнча пресс-тур өткөрүү учурунда.

“Мындай жүздөгөн гектар жерлерди булар эмне кылышмак эле? Өздөрү дыйкан болбосо же? Бир гана максатта ээлеп алышкан – дыйканчылыкка жарактуу жерлерди эптеп курулуш салууга трансформациялап, анан үйү жок жарандарга участокторду майдалап, он эсе кымбат бааларда сатып баюу үчүн. Эмне үчүн бул фактыларды Генпрокуратура текшербейт? Дыйканчылыкка жарактуу жерлерди курулуш салууга трансформациялоого тыюу салынган мыйзам бар. Ошого карабай көп дыйканчылык жерлери кандайдыр бир жолдор менен трансформацияланып, сатылып кетип жатат”, – деди Өмүрбек Текебаев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Чолпон Жакупова, ЖК депутаты: "Бүгүн Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун Бакыт Төрөбаев жана Алтынбек Сулайманов колдобой коюшту"

“Мен азыр Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот -укуктук реформалар жана регламент боюнча комитетинин отурумунан келатам. Бүгүн бийлик Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзамдын 3-вариантын алып келишти. Эми бул мыйзамды үч эле фракция: СДПК, “Кыргызстан” жана “Республика-Ата-Журт” гана колдоп калышты. Ал эми Бакыт Төрөбаев менен Алтынбек Сулайманов жетектешкен “Өнүгүү” жана “Бир бол” фракциялары колдошкон жок”, – деп билдирди бүгүн, 27-сентябрда Бишкекте, “Достук” мейманканасында өтүп жаткан Жарандык көзөмөл комитетинин “Конституцияга өзгөртүүлөр: жол берилбестик же зарылчылык” атту форумда.

“Ошондо Жогорку Кеңештеги 6 фракциянын үчөөсү СДПК, “Кыргызстан” жана “Республика-Ата-Журт” конституцияга өзгөртүүлөрдү колдоп жатышса, үч фракция “Ата-Мекен”, “Өнүгүү” жана “Бир бол” колдобой жатышат. Жалпысынан колдогондордун саны 87 эмес 84 киши болуп чыкты. Бирок мыйзамдарды кабыл алууда  болуп көрбөгөндөй мыйзам жана регламентти бузуулар болуп жатат”, – деп билдирди Чолпон Жакупова.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Өмүрбек Текебаев: "Атамбаевдин оң колу Фарид Ниязовдун 6-10 гектардан 13 жер участогу бар"

“Президент Атамбаевдин аппарат жетекчиси, оң колу Фарид Ниязовдун ар бири 6 гектардан 10 гектарга чейин болгон 13 жерде жер участогу бар экенин тактадык. Бул жерлер айыл чарба жерлери экен, эптеп трансформация кылып он эсе кымбаттатып сатыш үчүн эле ээлеп алган”, – деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев кечээ, 26-сентябрда журналисттерге өзүнүн мүлктөрү боюнча пресс-тур өткөрүү учурунда.

“Фарид Ниязов кесиби боюнча журналист, айыл чарбага тиешеси жок, өмүр бою шаарда интеллигент болуп эле жашап келатат. Анын айыл чарбасы менен шугулданганын эч ким уккан да эмес. Ал жерлер айыл чарбасына гана бекитилген жерлер экен. Болгон максаттары айыл чарба жерлерин  үй курууга мүмкүн кылып трансформациялап, үй курууга жер сатып алам дегендерге он эсе кымбаттатып сатышат. Мына, Фарид Ниязовдун декларациясын карасак, бир жылда өзү 816 миң сом эле айлык алыптыр, аялы 185 миң сом тапкан экен. Анда кайсы акчага мынча жерди, 13 жер участогун сатып алган? Менин декларациямды карасаңар мен өткөн жылы 1 миллион сом айлык алсам, жубайым 4 миллион сом киреше тапкан. Мен Фарид Ниязовго караганда алда канча көп тапканыма карабай анын гектарлаган 13 жер участогу бар, менин 1 эле жер участогум бар. Фарид Ниязов 13 участокту кандай жолдор менен жана кайсы акчага сатып алган? – деди  Өмүрбек Текебаев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейиндеги өрттөн кийинки экспонттардын абалын баалоо боюнча ведомство аралык комиссиянын иши жыйынтыкталды

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейинин жыйындар залында 2016-жылдын 22-июлунда орун алган өрттүн натыйжасында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу түзүлгөн Ведомство аралык комиссиянын иши жыйынтыкталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Комиссиянын иш жыйынтыгы боюнча аныкталгандай, конференц-залдагы өрттөн экспонаттар жабыркаган эмес, андан конференц-залдагы жараксыз деп табылган буюмдарды жабыркаган.

Музей экспонаттары “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейинде жайгашкан музейлик баалуулуктарды сактоо жана эсепке алуу инструкциясына” ылайык таңгакталган жана сактоочу жайларга коюлган.

Жыйындар залында жараксыз деп табылган буюмдар жана материалдык-чарбалык буюм-тайымдар болгон.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейинин баалуу металдар фондунун музейлик предметтери Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын убактылуу сактоосуна өткөрүлүп берилген.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейинде ири масштабдагы реконструкция жүргүзүлүүдө, ал 2017-жылы толугу менен аякталат.

Реконструкциялоодон кийин музей заманбап талаптарга жооп берип, кыргыз тарыхындагы байыркы мезгилден азыркы күнгө чейинки тарыхый буюмдар камтылган жаңы экспозиция түзүлөт.

Таалайбек Сарыбашов Чоң-Алай районуна болгон жумушчу сапар учурунда “Карамык” чек ара өтмөгүндө да болду

КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов Чоң-Алай районуна болгон жумушчу сапар учурунда “Карамык” чек ара өтмөгүндө да болду. Бул тууралуу Ош облустук өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

Алгач аскер жашоосу жана аларга түзүлгөн шарттар менен таанышып чыкты. Аскерлердин жатакана, ашкана жана жуунучу бөлмөлөрүндө болду. Аймактын шарты катаал болгондуктан чек арачыларга ар тараптуу колдоо зарылдыгын белгиледи. Облус башчысы кышка чейин аскер имаратынын чатырын алмаштыруу үчүн шифер жана жерге төшөөчү сары таштан жардам берерин убадалады. Ошондой эле оңдоп-түзөө иштерине көмөк көрсөтүүнү жергиликтүү бийликке табыштады. Андан сырткары чек ара өткөрүү бекетине да барды. Ал жерде чек ара кызматынын, бажы тармагынын, ветеринардык жана фитосанитардык кызматтын өкүлдөрү менен жолугуп алардан жалпы аймактагы кырдаал, чек арадан ары бери жарандардын каттоосу, жүк өткөрүү сыяктуу маселелер тегерегинде пикир алышты.

Аны менен катар өткөрүү бекетинде жайгашкан КР Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын имаратына кирип түзүлгөн шарттар жана иштөө тартиби менен да таанышып чыкты.

Андан ары кыргыз-тажик чек арасындагы тактала элек деп айтылган аймак Унжу-Булак тоосуна да барды. Ал жерден тактала элек жана талаштуу аймак делген жер тилкелери боюнча маалымат алды. Бардык маселелер эки өлкө ортосунда түзүлгөн комиссия тарабынан макулдашуу аркылуу тынчтык жолу менен чечилерине кызыктар экенин айтты. Чек арачыларга мекен босогосун бекем кайтарып жат адамдарга бастырбай кайтаруусуна ишеним артып дем берип кайтты.

Модель Бегимай Карыбекова: "Мен кыздарды туурап мода кубалабайм, мода мени кубаласын"

Модель Бегимай Карыбекова учурда он сегиз эле жашта. Жакында Германияда өткөн Top Model Of The World 2016 сынагында дүйнөнүн эң сулуу жети селкисинин катарына кирди. Бегимай сулуу сулуулук сынактарынын сырларын ачып, алдыдагы пландары менен ой бөлүштү.

Бул сынакка кандайча катышып калдыңыз?

Сынак учурунда Германияда эжекемдин үйүндө эс алууда болчумун. Кыргызстандан Таттыбүбү Самидин кызы байланышып калды. Ушундай конкурс болуп атат, катышпайсыңбы деп. Чындыгында жанымда тиешелүү кийимдерим да жок болчу. Ошого карабастан катышууну чечтим. Анткени эжем, баардык жагынан колдоо көрсөтүүгө макул болду.

Боюм узун болгондуктан мектепте өзүмдү ыңгайсыз сезип жүргөн болсом, азыр бул менин артыкчылыгым деп билем. Бала чагымдан эле моделдерди көрүп суктанып журдүм. Жакындарым, досторум, тааныштарым сулуулук сынактарына катыш деп көп кеңеш беришти. Анткени сенде бой десе бой, келбет десе келбет бар деп айтышчу. Нарында жашап, ошол жакта чоңойдум. Тогузунчу классты бүтүп борборго келдим. Мен ийгиликтүү адаммын десем жаңылышпайм. Бир жылдын ичинде эле жылдызым жанып кетти. Башында кыйын болду, бирок өз күчүмдү сынап көрүү максатында 2014-жылы “Мисс Кыргызстан” сулуулар конкурсуна катыштым. Ошондон кийин кызматташууга сунуштар түшүп, бул чөйрөгө толугу менен аралаштым. Ошол убакта он төрт жашта элем. Жаш болгонума карабастан, ой-жүгүртүүм, өзүмдү алып жүргөнүм, интеллектуалдык деңгээлим жогору болгондуктан, өзүмө көп максаттарды койдум. Төрт жылдын ичинде эл аралык сынактарга катышып, Кыргызстандын намысын татыктуу коргоп келе жатам.

Максатыңызга жетүү үчүн кандай тоскоолдуктарды жеңдиңиз?

Максатка жетүү үчүн эң биринчи адамда каалоосу жана эрки күчтүү болушу керек. Албетте, менин башымдан да көптөгөн сыноолор өттү. Бирок, өзүм принципиалдуу адам болгондуктан, алардын баарын жеңдим. Башында мени менен иштешкендер, сынактан жеңген белектеримден баштап, акчалай сыйлыктарды да өздөрүнө алышчу. Бирок ага деле капаланбайм. Бетиме башкача сүйлөп, артымдан ушактап, өз кызыкчылыгын алдыга койгон адамдар болгондугу үчүн алардан кеттим. Алар жада калса мени коркутканга чейин барышкан.

Сулуулар сынактарынын артында бир топ сырлар жатса керек?

Конкурс учурунда ар кандай тоскоолдуктар жаралышы мүмкүн. Мисалы, сахнага чыгайын деп жатканда туфлиңди уурдап кетишет, же көйнөктөрүңдү булгап салышат. Мындайча айтканда психикалык жактан басым көрсөтүшөт. Кээ бир компаниялар кыздарды пайдаланышат. Негизи кыздар арасында көрө албастык өтө эле күч алган. Сыртынан күлүп турганы менен, ичинде жек көрүшү мүмкүн. Бирок мен адам менен бат тил таба билгендиктен, баардык кыздар менен дос болууга аракеттенем. Мурда атаандаш болсок азыр жакын курбуларданбыз. Алар Таттыбүбү Туратбаева, Мээрим Эркинбаева, Мээрим Атантаева. Бул адамдар, мени моралдык жактан колдоп келишет, ошон үчүн курбу эмес, эже-сиңди катары жакшы мамиледебиз. Негизи колдоочуларым көп эле.

Германияда өткөн сынакта дүйнө сулуулары сизге кандай таасир калтырды?

Дүйнөлүк сынактарда эң маанилүү бул жеңиш эмес, катышуу болуп эсептелет. Анткени, сен өзүңдүн мамлекетиңди таанытып атасың. Сен аркылуу, тарыхыңды жана маданиятыңды үйрөнүшөт. Ошол эле учурда, мен да дүйнө таанымымды жогорулатып, эл-жер көрдүм. Дүйнө сулууларынын интеллектуалдык деңгээли жогору болушат. Алар баардык адамдарга бирдей мамиле жасап, адамга жакын келишет. Дайыма жылмайып турушат. Эл аралык деңгээлдеги сынактарда, көрө албастык анчейин байкалбайт. Кайрадан достошуп, бири-бирибизди колдоп, азыркы күнгө чейин байланышып турабыз. Баардык кыздар профессионалдуу моделдер. Өз өлкөсүнүн мыктылары

14055181_1754022181528941_5492402542121373590_n

Кандай жигиттер жагат?

Мэркектей жүргөн мырзалар жагат. Көбүнчөсү спортчулар, психологиялык жактан эрки күчтүүлөргө артыкчылык берем. Анткени мен аялзаты болгондуктан, жолдошумдун жанында дайыма алсыз болгум келет. Баардык жактан колдоп, мени түшүнсө дейм. Билимдүү, бою узун, стилдүү, сулуу жигиттерге көңүлүм түшөт. Эң биринчи мени билими менен багындыра алат. Бирөө жөн эле жигитим болушун каалабайм. Мен мамиле курган адам келечектеги жолдошум болушу керек. Негизи мен өзүмдөн биртоп улуу эркектерди жактырам.

Сулуулук сынактары чөнтөктү жакшы эле жукартса керек. Демөөрчүңүз барбы?

Туура айтасыз, өзгөчө эл аралык сынактарга катышууда акча көп сарпталат. Бирок мен көздөгөн максатыма жеткен адаммын. Мени ата-энем, туугандарым колдойт. Баардык чыгымдарды жакындарым көтөрөт. Учурда Inter alliance KG компаниясы менен контрагым бар. Мындан ары, баардык чыгымдарды компания жабат. Анын негиздөөчүсү, “Мисс Кыргызстан 2015” наамынын ээси Таттыбүбү Самидин кызы болуп эсептелет.

1028783346

Кийим кечектерди кайдан аласыз?

Мен кыздарды туурап мода кубалабайм, мода мени кубаласын. Элдер сыяктуу эле Ош базардан кийинем. Ал жакта деле, сапаттуу кийимдерди тапса болот. Апам менен эжем дизайнер. Сынактарга катышканда мага тигип беришет.

Жасалма сулуулукка көз карашыңыз кандай?

Көпчүлүк журналисттер пластикалык операция жасадың беле деп сурашат. Бирок Кудайга шүгүр, мен өз келбетиме ыраазымын. Бирок чыныгы сулуулук бул жан дүйнөдөн башталат. Эгерде сенин ички дүйнөң сулуу болсо, ал көркүнө чыгат. Ички дүйнөң сулуу болушу үчүн, билим алып, тарых, маданиятты, психологияны билишиң керек. Эгерде пластикалык операцияга муктаждык болсо, мүмкүн жасатмакмын. Бирок менде муктаждык жок.

Алдыга кандай максаттарды коюп атасыз?

Буга чейин Кытайда, Россияда, Казакстанда контрактарым бар болчу. Учурда германиялык белгилүү бир компания менен үч жылга контракт түздүк. Эми Европаны багындырайын деп жатам. Кыргызстандын моделдеринен кем калышпайм, эми дүйнөлүк деңгээлге чыгууну максат кылдым. Жыл сайын 2-3 жолу барып келип турам. Алар азиялык сулууларга абдан кызыгышат. Мага 6 саат жумуш убактысы үчүн 2000 миң евро төлөп беришет. Октябрда Шри-Ланка, ноябрларда АКШда боло турган сулуулук сынактарына катышат.

Элвира АКИМОВА

Булак: Де-Факто

Гүлжигит Исаков, коомдук активист: "Компроматтардын согушу коом үчүн пайдалуу"

Алмазбек Атамбаевдин Түркияда ооруп калуусу тууралуу ар кандай сөздөр болууда. Кээ бирөө муну Р.Отунбаеванын БУУнун ассамблеясында сөз алуусуна байланыштырса, кээ бирлер Текебаевдин жарга такап койгонуна байланыштырууда. Натыйжада, коомдук активист Гүлжигит Исаковго кайрылып Атамбаевдин азыркы абалы тууралуу кандай ойдосуз» деп суроо салып, мындай жооп алдык:

«Атамбаев чын эле ооруп калдыбы же калп элеби» деген коомдогу кептерге азырынча так бир нерсе айта албайбыз. Акыркы бир айда эле эларалык мамилелерге байланыштуу, ички саясатка жана миграцияга байланыштуу бир топ окуялар болду. Президентибиз ырларын коомго жарыялады. 60 жылдык юбилейин белгиледи. Ушулардын баарын бир тизмеге алып, саресеп салчу болсок, бул окуялар “зиг-загты” элестетет. Атамбаевдин БУУнун жыйынына барбай калганы менен натыйжа жагынан “бир ок менен бир нече коён атты” десек жаңылышпайбыз.

Биринчиден, “Барбай койгон жокмун. Жөнөп бара жаттым эле, жолдо ооруп калдым. Ден-соолукка эч кимдин кепилдиги жок” деген позиция бар. Бул такыр барбай койгондон көрө жакшы позиция.

Экинчиден, Отунбаеванын тышкы байланыштары абдан күчтүү. Демек, каалаган позициясына ылайык лобби иштерин жүргүзө алат. БУУнун жыйынында талкуулана турган курч маселелердин жанында Кыргызстандын маселелери экинчи орунда кала турганы маалым болсо дагы, ал жердеги айтылган кепти тийиштүү топ Кыргызстандын ички саясатында курал катары колдоноору бышык. Атамбаев ал жакка барбай калышы менен бул маселенин азыраак талкууланышына кандайдыр бир деңгээлде себепкер болот.

Үчүнчүдөн, Текебаев менен Атамбаевдин ортосунда болгон компроматтар согушу тууралуу айтчу болсок, “компроматтардын достугуна” караганда, “компроматтардын согушу” коом үчүн пайдалуу го деген ойдомун. Анткени коомдун чындыкты билгенге түздөн-түз акысы бар. Жоопкерчилик жагынан алып караганда дагы такыр жоопкерчилик албай туруп жалаң интрига чыгарган кишиге караганда, элге жаман көрүнсө дагы жоопкерчилик алган киши бир баш өйдө болот. Анан эң маанилүүсү, компроматтар согушу логикалык жыйынтык менен бүтөбү, же эки айсбергдин жогорку жактары гана көрсөтүлүп, тереңдиги тууралуу маалыматка ээ болбой калабызбы деген суроону дагы көз жаздымда калтырбашыбыз керек.

Булак: Саресеп

Интернеттин кымбатташы маалыматтык чектөөбү

Казакстандын интернет провайдерлери Кыргызстан үчүн интернет баасын 3 эсе жогорулатты. Бул тууралуу өлкөнүн байланыш операторлор ассоциациясынын директору Нурбек Абасканов кабарлады. Анын айтымында буга чейин кымбатоо тууралуу эскертишкен, бирок баанын өзгөрүү себептерин айтышкан эмес.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маалымат катчысы Назира Турдалиева “Азаттыкка” берген интервьюсунда баанын кымбатташы тууралуу Казакстан азырынча түшүндүрмө бере электигин айтып чыкты. “Кыргызтелеком” менен байланыш операторлор ассоциациясынын өтүнүч катынан кийин биздин комитет Казакстандын тиешелүү кызматтарына кат жөнөттү. Азырынча жооп жок, күтүп жатабыз. Баа саясатына биздин комитет кийлигише албайт” – дейт маалымат катчы.

Интернеттин кымбатташы саясий чечимби?

IT-тармагы боюнча эксперт Азамат Аттокуров “Азаттыкка” интернеттин кымбатташы саясий чечим болушу мүмкүн деп билдирди. Анын пикиринде жогорку бийлик маселени чечпесе, кыргызстандыктардын маалымат коопсуздугуна да, капчыгына да катуу сокку урулат. “Чыныныда эле бул саясий чечим, бизге каршы жашыруун сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы. Баалардын кымбатташын Кыргызстандын маалымат коопсуздугуна болгон кол салуу десек болот. Бул маселе президент, өкмөт башчылардын деңгээлинде чечилиши керек” – дейт Аттокуров.

Кыргызстанды 90 пайыз интернет менен казак провайдерлери камсыз кылса, калган 10 пайызы Кытай тарапка таандык. Адистердин айтымыдан, эгерде Казакстан бааларды түшүрбөсө, Кытайдын интернетине муктаждык келип чыгат. Бирок эксперт Азамат Аттокуров Кытай интернети арзан болгону менен, сапаты начар кенин кошумчалады.

Өкмөт альтернативдүү провайдерлерди издей баштайбы?

Ал арада премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, интернетке баанын өсүшү боюнча жыйын өткөрдү. Анын айтымында, Кыргызстан альтернативдүү провайдерлерди караштырышы керек. “Интернет заманбап коомдун ажырагыс бөлүгү болуп, баалардын өсүшү коомчулукта нааразычылык жаратты. Бул колдонуучулардын нормалдуу көз карашы. Аталган кырдаал саясий өңүттү алып бара жатканда, биз ишенимдүү кадамдарга барышыбыз керек. Өнөктөшүбүз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, макулдашып, альтернативдүү провайдерлерди издешибиз керек ” – дейт Жээнбеков.

Өкмөттүн антимонополдук агенттигинин директору Болсунбек Казаков, Казакстан тарапка жөнөтүү үчүн баалардын өсүшү боюнча эксперттик чечим даярдалып жатканын билдирди.

Интернет кызматын көрсөткөн кыргызстандык компаниялар провайдерлер бааларды көтөргөнүн ырастап, бирок интернетке тарифтердин өзгөрүшү тууралуу так маалымат бере элек.

Кайсы өлкөлөрдө интернет эң кымбат ?

“Мобилдүү бол” интернет-проектинин аналитиктери дүйнөнүн 100 чоң мамлекеттеринде тарифтер боюнча изилдөө жүргүзүшкөн. Эң кымбат интернет Эфиопияда катталды. Анда катардагы колдонуучуга 10мбит/с үчүн 198 доллар төлөөгө туура келет. Эң арзан болуп 10мбит/с үчүн 3,5 доллар гана сураган украиналык провайдерлер табылды.

Түрк тилдүү мамлекеттердин ичинен эң кымбат интернет Түрменстанда экени далилденди. Бул өлкөдө ошол эле көлөмдөгү интернет үчүн 170 долар талап кылынат. Андан кийин Өзбекстан – 144 доллар, Туркияда – 19 доллар, Казакстанда болсо – 12 долларга бааланганы аныкталды. Кыргызстанда, колдонуучулар орто эсеп менен ай сайын интернетке 9 доллар сарпташат.

Адистердин баамында, интернеттин кымбатташы маалыматтык чектөөгө алып келиши ыктымал. Маселен диктатура орногон өлкөлөрдө интернетке баалар эң жогору болуп, атүгүл белгилүү бир чектөөлөр да киргизилген. Мындан тышкары, өлкөдө IT тармагынын өнүгүүсүнө да терс таасир этиши мүмкүн экени айтылууда.

Элвира АКИМОВА

Булак: Де-Факто

Атканага айланган Ак үй

Байыркы Грек уламыштарында Авгейдин атканасы деген түшүнүк бар. Айтуулар боюнча Авгей аттуу сан жылкылуу бай атканасы кыкка толгондо тазалатыш үчүн Гераклды жалдаган имиш. Ошондо Геракл аткананы карап туруп жылдап тазаласа да бүтпөй турганын көрүп, эки дарыянын суусун буруп жиберген экен. А тоо суусу жөн турчубу? Аткананын бир заматта тазалап, жууп таштады дейт. Ооба, элди да так ошол тоо суусундай десек болот. Бир көтөрүлүп алса алдындагыны жайпап жууп кетет…

Аткананын 1-ТАЗАЛАНЫШЫ:

АКАЕВ ЗАМАНЫ

Ооба, Кыргызстан өзүнчө мамлекет болуп түптөлгөнү Ак үй 2 жолу Авгейдин атканасынын кейпин кийди. Биринчиси, 2005-жылдын 24-мартында Аскар Акаевдин бийлигин кубалады. Ооба, убагында «Кыргызстанды 2-Швецарияга айлантам» деп элди кыялга бөлөп коюп, нары жактан эл байлыгын так ошол Швецариянын өзүнө ташып жүргөн Акаев бара-бара ажыдаарга айланып, бийликке бала-чакасын, аялын аралаштырып жиберген. Эмесе ошол элдин канын кызыткан себептерди бир сыйра эске сала кетсек:

1) Коррупция жана үй-бүлөлүк башкаруу

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, президенттин үй-бүлөсүнүн жана жакын чөйрөсүнүн капчыгына түшкөн паралардын суммасы республиканын Ички дүң өнүмүнүн 20%ына жакын болгон. Акаевдин режимин кулаткан ыңкылаптан кийинки жылдары Кыргызстандын маалымат каражаттарында Акаевдин бийлиги маалында дээрлик бардык мамлекеттик кызматтар сатылып келгени жана президенттин жубайы Майрам Акаева менен уулу Айдар Акаев кызмат “сатууда” өзөктүк роль ойногону тууралуу маалыматтар жарыяланган. Ошондой эле журналисттер Акаевдин күйөө баласы, ишкер Адиль Тойгонбаев (Казакстандын жараны) өлкө экономикасынын бардык кирешелүү тармактарын көзөмөлдөп келгенин жазып чыгышкан.

2005-жылдын февраль айында Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өтүп, ага президенттин улуу балдары – Айдар жана Бермет катышкан. Ал маалда Айдар Улуттук олимпиада комитетинин президенти жана Кыргыз Республикасынын Бокс федерациясынын президенти болчу. Ошондой эле Айдар финансы министринин кеңешчиси болуп иштечү. Бир катар эл аралык уюмдар мыйзам бузуулар менен өттү деп тааныган шайлоодон кийин Айдар менен Бермет парламенттин жаңы чакырылышынын депутаттары болуп калышкан.

2) Казына уурулук

Айдар Акаев өлкөдөгү медиа-бизнести, алкогол өндүрүмүн, “Манас” аба майданындагы “Ганси” авиабазасына күйүүчү май жеткирүүнү көзөмөлдөгөнү белгилүү болчу. 2005-жылдын ноябрь айында Айдар “Манас” аба майданынын ээлеринин бири болгону аныкталып, ага карата “Ганси” базасына май сатуудан түшкөн ондогон миллион доллар каражатты өөнөп алган деген айып коюлган. Анын ысымы курал-жарак саткандар жана башка кылмыштуу топтор менен болгон бүтүмдөрдө айтылган. Каражаттын кайсы бир бөлүгүн Айдар Акаев адвокаттар аркылуу мамлекетке кайтарганы маалымдалган. Ошондой эле Акаевдин күйөө баласы Адиль Тойгонбаевге (улуу кызы Берметтин күйөөсү) карата беш кылмыш иши козголгон (анын ичинде “Көмүскө бүтүмдүн негизинде адамдар тобунун алдамчылыгы”, “Уурдоо” жана “Чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызмат адамдарынын салыктарды жана милдеттүү камсыздандыруу салымдарын төлөөдөн качуусу” беренелери). Мамлекетке келтирилген зыян 19 млн. доллардын тегерегинде бааланган. Президенттин жубайы Майрам Акаева жетектеген “Мээрим” кайрымдуулук фондуна 30дан ашык кылмыш иши козголгон. Фонддун мамлекет казынасына келтирген зыяны 64 млн. сом деп бааланган. Мындан тышкары, “Лента.ру” кабарлагандай, Аскар Акаев финансы документтерин түзбөстөн жана бажыда документтештирбестен 17,25 млн. доллардык 1635 килограмм алтынды Швейцарияга чыгарып кетүүнү тапшырган.

3) Өлкөнү бүлүндүрүү

“1994, 1996, 1998 жана 2003-жылдардагы референдумдардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын Конституциясына бир топ өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин президенттин позициясы ого бетер бекемдеди. Кадр саясаты да бир кыйла деформацияланды. Мамлекеттик кызмат системасында кеңири жайылган кызмат орундарды сатуу-сатып алуу практикасы башкаруудагы көйгөйлөрдү тереңдетти. Башкаруучу элитанын бийликтин бардык бутактарын узурпациялап алуусу өлкө жетекчилигинин, соттордун жана саясий системанын легитимдүүлүгүнүн кризисине алып келди.

Эгемендик жылдары өлкө көптөгөн эл аралык уюмдардан грант жана насыя алып, алардын басымдуу бөлүгү “үй-бүлөнүн” жана ага жакын чөйрөнүн капчыктарына түшүп турган. Ошону менен бирге негизги экономикалык тармактар президенттик үй-бүлө мүчөлөрүнүн көзөмөлү алдында болуп келген.

1990-2005-жылдары 994 миң киши миграциялык агымга кабылып, алардын ичинен 52%ы башка өлкөлөргө туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен.

4) Мамлекеттин жерин таратып берүү

2005-жылы парламент депутаты Азимбек Бекназаров Аскар Акаевге импичмент жарыялап, аны кытай тарап менен жашыруун макулдашуу түзүп, Үзөңгү-Куушту Кытайга берген деп айыптап чыккан. “Азаттыкка” курган маегинде укук коргоочу Азиза Абдирасулова Үзөңгү-Кууштан тышкары кошуна өлкөгө жалпы аянты 27 миң гектар болгон башка жерлер да, анын ичинде Хан-Тенгри, Сары-Жаз жана Торугарт да берилгенин айткан.

Акаевден кийин бийликке келгендер мурдагы бийлик казак президенти Нурсултан Назарбаевге Ысык-Көлдүн жээгиндеги жер тилкелерин Жамбыл облусу менен чектеш айдоо жерлердин ордуна бергенин айтып чыгышкан. Каркыра жайытынын Казакстанга берилишинин тегерегинде да бир топ нааразычылыктар чыккан. Кийинчирээк Азимбек Бекназаров Казакстан Кыргызстанга Ысык-Көлдүн жээгиндеги Акаев берген айрым эс алуу жайларын кайтарып бериши керектигин айтып чыккан.

5) Кумтөрдүн алтыны

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Айдар Акаев ошол маалда эч кандай мамлекеттик кызматты ээлебесе да, 2003-жылы “Кумтөр” долбоорун кайра түзүү боюнча канадалык “Камеко” корпорациясынын өкүлдөрү менен Канаданын Торонто шаарындагы сүйлөшүүлөргө катышкан.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 2013-жылы билдирүү таратып, анда “Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, буга чейин “Кумтөр” долбоорунда 66,7% ээ болгон республиканын үлүшү Centerra Gold Inc аттуу жаңы компанияда акциялардын 33%га төмөндөгөн. Ушундай кайра түзүү натыйжасында “Камеко” корпорациясы Centerra Gold компаниясындагы акциялардын көзөмөл пакетине (67%) ээлик кылуу менен Кумтөр кенин толук колго калган. Николай Танаев “Кумтөр долбоорун кайра түзүү жөнүндө” өкмөт токтомуна кол койгон.

6) Аксы окуялары

2002-жылдын 17-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы айылында жергиликтүү тургундары Кыргызстандын аймагынын бир бөлүгүнүн (90 миң гектар жер) Кытайга берилишине каршы чыгышкан. Митингге аксылык депутат Азимбек Бекназаровдун камакка алынуусу да себеп болгон. Натыйжада күч кызматкерлери чыгарган октон алты киши набыт болуп, дагы 90го жакын киши жаракат алган. Аксы окуяларынан кийин ошол кезде премьер-министр болгон Курманбек Бакиев жана анын өкмөтү отставкага кеткен.

Аткананын 2-ТАЗАЛАНЫШЫ: БАКИЕВ ЗАМАНЫ

Ошентип, ушунча ыпластыкка толуп, былгып чыккан «Авгейдин атканасын» 2005-жылдын 24-мартында кыргыз эли бир шилтем менен күркүрөтө жууп, таптаза «Ак үйгө» айлантып койду. Бирок, ал жер ошол эле тазалыгы менен тура берсе кана? Жок, антип тура алган жок. Кийинки келген президент Курманбек Бакиев мурунку Акаевден өтүп, жаркылдаган Ак үйдү бир заматта тезекке толтуруп таштады. Натыйжада, эл кайра көтөрүлүп, «атканага» айланган Ак үйдү жана бир тазалап өттү.

Эмесе, 2010-жылдын 7-апрелинде өткөн «тазалоонун» себептерин айтсак:

1) Коррупция жана үй-бүлөлүк башкаруу

2005-жылы 24-марттагы төңкөрүшчүлөрдүн эң башкы талабы К.Бакиев жетектеген Кыргызстандын элдик кыймылынын (КЭК) элге берген убадасы боюнча тезинен конституциялык реформаны жүргүзүү болгон. Бирок, К.Бакиев конституциялык реформа жүргүзгүсү келбей, ар кандай шылтоолор менен убакытты чоё берген.

Ушундай кырдаалда, 2007-жылы 21-октябрда, референдум аркылуу «бакиевдик конституция» кабыл алынган. Ага ылайык, президент Бакиевдин ыйгарым укуктары, 2003-жылкы «акаевдик конституцияга» салыштырганда эбегейсиз көбөйгөн. 2007-жылы 16-декабрда эң ыпылас парламенттик шайлоо өткөрүлүп, Жогорку Кеңештеги 105 орундун 71 мандатына «ээ болгон» бакиевдик «Ак-Жол» партиясы бийликке келген.

2009-жылдын аягында кайрадан Конституцияны жаңы долбоору даярдала баштаган. Долбоордо башкаруунун монархиялык формасы, же болбосо президенттик орун президент Бакиевдин уулу Максимге түздөн-түз өтөөрү көрсөтүлүп, Баш мыйзам өзгөртүлө электе эле ал үчүн мамлекеттик институттар жаралып (Инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттик), ошол эле учурда айрым конституциялык бийлик органдары жоюлган. Өлкөнү иш жүзүндө Максим Бакиев башкарып калган.

2) Казына уурулук

Өлкөнүн экономикасынын пайдубалын түзгөн өндүрүш дээрлик кыйраган. Кен байлыктарга, отун энергетикасына, өндүрүш каражаттарына эл, же мамлекет ээ болбой, үй-бүлөнүн кызыкчылыгы үчүн менчиктештирүү, чет өлкөлүктөргө пайдаланууга берүү схемалары түзүлүп, ишке ашырылган. Акчаны чет өлкөлөргө чыгарып кетүү тездик менен улантылган. Электр энергиясын сыртка сатуу кыймылдары ачык болгон эмес. Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли эң төмөнкү чекке жетип, элдин үйүндөгү электр жарыктары өчүрүлө баштаган. «Кышка карата тезек тергиле» деген президент Бакиевге элдин кыжыры кайнаган.

3) өлкөнү бүлүндүрүү

Коррупция күч алып, укук коргоо, сот, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү акчасы же таанышы болбогон карайлаган элдин «жонунан кайыш тилген». Мамлекеттик кызматка өздөрүнүн жакындарын, туугандарын, жердештерин алуу күч алган.

«Айран жокто максым бар, Айдар жокто Максим бар» деген жаңы ылакап чыгып, мурда Айдар түзүп кеткен коррупциялык схемаларды Максим андан ары «өркүндөтүп, гүлдөтүп», Интерполдун издөөсүндө жүргөн эл аралык деңгээлдеги аферисттерди (В.Белоконь, М.Надель, Е.Гуревич, А.Елисеев, С.Костырин, М.Цой, бир тууган А. жана С.Кимдер, А.Темирбаев ж.б.) Кыргызстанга алып келип, аларды жогорку мамлекеттик кызматтарга дайындап, өлкөнү талап-тоноо багытында иштешкен.

4) Буйрутма өлүмдөр

ЖМКлар бакиевдердин үй-бүлөсүнүн толук көзөмөлүндө болуп, башкача ой-пикирди чагылдыргандар куугунтукталган. Президенттин алдында белгилүү журналист О.Малеваная башында турган катчылык түзүлүп, «бөрк ал десе баш алган» журналисттер кызматка алынган. Борбордук Азиядагы саясий турмушту чагылдырган бир катар интернет-сайттар жабылган.

Бакиевдердин режимине каршы чыккан көптөгөн эр-азаматтардын көзү тазаланаган. Учурунда өздөрүнө эмгеги сиңген, бирок, кийин оппозиция тарапка ооп бараткан, белгилүү саясатчы Медет Садыркулов да соо калган эмес. Айрым оппозиция лидерлери чет өлкөлөргө баш калкалап кетүүгө аргасыз болушса, дагы бир тобу өлкөнүн ичинде эле жашырынып жүрүп калышкан.

5) Жер сатуу жана эл тоноо

Бакиев бийлеп турган учурда Каркыра жайлоосу, Ысык-Көлдөгү 4 пансионат казактарга берилип (2003-жана 2006-жылдары Парламент буга жол берген эмес, бул чечимди 2008-жылы «Ак-Жол» партиясынын өкүлдөрү көпчүлүктү түзгөн парламент кабыл алып берген), Жетим-Тоо, Арпа, Аксайдын айрым участокторун Кытайга ижарага берүү процесси жүрүп жаткан. «Түндүк электр», «Чыгыш электр» ААКлары, Кыргызтелеком менчиктештирилип, электр энергиясынын жарандар үчүн баасы 2010-жылдын 1-январынан эки эсеге кымбаттап, ал эми 2010-жылдын июль айынан баштап беш эсе кымбаттаары чечилип, уюлдук телефонду пайдалангандарга ар бир чалганы үчүн 60 тыйын кошумча баа киргизилген.

Аткана кайра толдубу?

Ошентип өзүңүздөр көрүп тургандай, “ат кыгына” толуп, былгып чыккан Ак үй шаркырап аккан элдин агымына туруштук бере албай 2 ирет тазаланды. 2 ирет карапайым калк жакшылыктан үмүт кылып, жамандык менен бетме-бет туруп күрөштү. Нечендеген кан төгүлдү, нечендеген жаш куюлду. Арзанга турган жок. Ал күндөрдү кээ бир саясатчылар балким манты жеп отуруп өткөргөндүр, балким ошол күндөрү эптеп элге жагынып, эптеп бийликке жетсем кийин баарын кууп жоготом деп тургандыр. Бирок кандай болгон күндө да элдин ниети суудай таза болчу. Былгымаларды шарактата агызып, мамлекетти жегичтерден, чириткичтерден тазалоо эле алардын ниети.

Анткени менен Ак үй кайра эле атканага айланып бараткансыйт. Себеби, ал жактан кайра эле көңүл иренжиткен жыттар келе баштады. Баягы эле бийликти жеке кызыкчылыкка пайдалануу, дос-жарлары менен бөлүшүү, мамлекеттик мүлктү өзү билгендей колдонуу кайра эле башталды. Убадалар унутулду, шайлоолор жаңы ыкмалар менен одоно бузулду. Коомдук, улуттук деген каналдарда кайра эле кимдир бирөөнү ашкере мактамай, кимдир бирөөнү ашкере шыбамай күч алды. Кумтөр, жер сатуу, кызмат ордун сатуу, адилетсиз соттор, электр энергиясы, жумушсуздук жана миграция маселеси курчуду. Ал тургай акыркы убактардагы кайра эле сырткы күчтөрдүн көзүн кароо, пайда-зыянын эсептебей туруп, түрдүү келишимдерге кол коюу, жергиликтүү ишкерлердин кызыкчылыгын коргой албоо деген көйгөйлөр мурункудан да өрчүп бараткансыйт. Мигранттардын, чет жердеги ишкерлердин укугу унутулду. Миллиондон ашык ишке жарамдуу жараныбыз сыртта жүрөт. Бирок аларды кайра мекенине кайтаруу, жумуш менен камсыз кылуу маселеси ойлонулган да жок. Ар кандай ойлонулбай айтылган кептердин айынан кээ бир өлкөлөр менен мамиле бузулду. Жана эң акырында ушунун баары аз келгенсип, кудум мурунку бийликтегилер кылып келгендей референдум өткөнү турат. Башка маселенин баары бүтүп калгандай, мамлекеттин акчасы ашып-ташып, кайда коротоорун билбей аткандай референдум жана шайлоо өткөнү турат. Убада кылынган 2020-жылды күтпөй, Кыргызстан жок болуп кетчүдөй шашылыш шайлоого умтулууда… Мындайдын арты жаман болчу эле. Себеби убагында Акаев да, Бакиев да ушул жолдор менен басып, ушул жолдор менен кургуйга кулаганын кээ бирөө эле унутуп калбаса, көпчүлүктүн эсинен кете элек…

Булак: Саресеп

Эльмара Турсуналиева: "Жолдошум бир сүйлөйт"

Маданият тармагында жана журналистикада өз ордун тапкан Эльмара Турсуналиева жакында үй-бүлөдө да орун-очок алып, жаңы төрөлгөн кызы Аруукенин жытына мас болуп турган  кези.  Кызынын кичинекей экенине карабастан көнгөн жаны дагы эле тызылдап иштеп жүрүптүр. Биз тойдо кызмат кылып жаткан жерден кезигип, кепке тарттык.  

Эльмара, жумушка эрте эле чыгып алгансыз го?..

Адам үй-бүлөсүндө анан жумушунда бактылуу болуш керек экен. Эгерде адамдын жумушу көңүлүнө жакпаган болсо ал – бактысыз адам.  Мен төрөгөндөн кийин гана эмес, төрөөр күнү дагы иштеп жүрдүм. Ошол күнү Ат-Башынын кыздары “Сармерден” программасына тартылып жүргөнбүз. “Сармерденге” катышып, андан ары банкетине да барып анан жолдошумду чакырып, “тревожный” баштыгымды көтөрүп алып төрөт үйүнө жеттим. Үч  сааттан соң көз жардым. Күндүз толгоо келип эле атты, бирок кыз сыр бербей жүрдү (күлүп). Апам “камыр жууруп, жай. Ошондо бала жеңил төрөлөт” деп кулагыма кыттай куюптур. Мен үйдөн бир жасаганда ондон-ондон каттама, оромо жасап жүрдүм. “Камыр жайса бала үбөлүктөй болуп түз түшөт” -деген ырымы бар экен. Кудайга шүгүр жеңил болду.

Атын Арууке деп ким койду?

—Чоң атасы менен чоң апасы. Азыр көбү арабдашып атпайбы. Ошол нерсеге мен каршымын. Ата-энебиз арабча ысымды ыйгарса деле, унчуга албайт элем да. Андыктан, тандап отуруп нукура кыргызча ысымга такалганына абдан сүйүндүм.

Кызыңыздын атасы сизден кичүү экенине карабай келинчек кылып алам-дегенде сиздин реакция кандай болду?

Экөөбүздүн таанышканыбызга төрт жыл болсо, анын бир жылы жакын, сый-урмат мамиледе өттү. Менин ар кандай жумуштарым чыгып калып, мисалы,  “жеткирип берип койчу” же “алып келип берип койчу” десем, “жок” дечү эмес. Көрсө ошондо эле мени калкалап, жеңилимди жерден, оорумду колдон алып жүрүптүр.  “Алам”- дегенде, “тамашаңды кой, эл укса эмне дейт?” деген сөздөр болду. Бирок, жолдошумдун жакшы сапаты бир сүйлөйт.

Кандай келин болуп атасыз?

Кайната, кайненем менен чогуу жашайбыз. Кадимки эле кыргыз үй-бүлөбүз. Чогуу чай ичебиз, бирге телевизор көрөбүз. Жакында эле болуп өткөн “Көчмөндөр оюнун” талашып-тартышып көрдүк. Айсулуу Тыныбекова килемге чыкканда столдорду чапкылап сүрөп отурдук . Ошентсе дагы үйдө кадимкидей келин каадасы. Башка жактан беш сүйлөсөм, үйдө үч сүйлөйм дегендей (күлүп).

14269669_1090017154410519_1801476148_n

Ал эми ата-энеге кандай кызсыз?

Атам эрте өтүп кеткен. Апама күйүмдүү кыз болгонго умтулам. Кайсы бир иш-чарага, майрамга же шеринеге барбасын жаңы көйнөк кийгизгенге аракет кылам. Апам беш баланы тарбиялап өстүрдү. Мен улуусумун. Азыр алтымышта. “Сиздин эс ала турган маал, элден калбаңыз” деп турам.

Журналистикага канча жашыңызда аралаштыңыз эле?

Мен 17 жашымда ишке кирип, 18ге жумуштан чыккам. “Алмаз” радиосуна иштейм деп догурунуп барып алгам. Андан кийин “Кыргыз радиосуна” барсам, Байма Сутенова мени жашсынтпай, ишке алганына абдан ыраазымын. Штатка оператор кылып алган, андан кийин режиссерлукка өттүм. Монтажды үйрөндүм. Ошентип жүрүп такшалдым окшойт.

Анан качан белгилүү экениңизди сездиңиз?

Радиодогу жумуш аялдын ашканада жумушу менен барабар. Көп жумуш жасайсың, бирок жыйынтыгы билинбейт. Радиодо да эл сени тааныр-тааныбасы  билинбейт. Учурашып калышса, жаштар кеп-кеңеш сурап келип калганда эле бир сезбесең. Айрымдарчылап “мен белгилүүмүн” деген оору менен ооруган жокмун. Себеби, ага менде убакыт, мүмкүнчүлүк, чама-чарк деле болгон жок. Мага азыркыга чейин деле байкалбайт. Байкалган күндө деле мен “белгилүү экенмин” деген мурун көтөргөн курактан өттүм. Жанымда жалаң кыйындар жүрсө кайсы канатымды байламак элем (күлүп).

Башка кесипте эле иштебей деген ой болду беле?

Маданият чөйрөсүнөн башка жакка иштесем болмок десем кесир болот. Ушул жумуштун аркасы менен кадыр-барк күттүм. Үй-бүлөмдү багып келдим. Ошентсе дагы адам ар дайым изденип, жаңы нерсеге умтулуп туруш керек. Мен акыркы жылдары жарыша которууга (синхрондук) абдан кызыгып жүрөм. Котормо дагы акылды, эс тутумду, реакцияны талап кылган чоң өнөр. Ушул жаатта иштеген  Авлан Жумабаев деген журналист агам бар.  Которуп жаткан учурун көп ирет көргөм, абдан жагат.

Өзүңүздү өстүрүүдө кандай аракеттерди кыласыз?

Баардык нерседен кабардар болуп турам. Ал булакты мен радиодон, телевидениеден, гезиттен, интернеттен табам. Китеп окуш керек. Бирок, ар бир нерсенин өз убактысы болот экен. Мен 30 жашка чейин “мындай жаңы китеп чыгыптыр”-деп кууп окучумун. Мына бүгүн раматылык Гүлсүнай Маамованын “Кызгылтым кеч” деген китеби колума тийди.  Эми окушум керек, бирок качан окуйм билбейм.

Ыр жазбайсызбы?

Радиодо менин “Чакмак” деген программам бар. Чыгармалардын сөздөрүн тексттерин териштирип, жаманын жаманга, жакшысын жакшыга чыгарабыз. Ошондо баратат, келатат, сүйүп атат, күйүп атат-деп этиштик уйкаштыктар менен ыр жазып койгон акындардын ырларын окуп алып, бир чети кїлкїў, бир чети жиниў келет. Антип мен деле жазып кое алам. Бирок ар бир ырдын артында бир маани, айтайын деген максат жатыш керек да. Мен проза жазгым келет. Анан Жыпар Исабаева сыяктуу акындардыкын окуп алып, жазгандан уялам. Азыр акын болуу да оўой болуп калды. 20 миўге бир китеп чыгарып, акын атыгып алгандар кєп. Уйкаштык менен сєз жазуу акындыкка жатпайт.

Кыргыздар башка тилди бат їйрєнїп кетет-дегенди кєп уктум. Сиз да буга кошуласызбы?

Кошулам. Мен да тойлорду эки тилде эркин алып барып жїрєм. Кыргыздын кємєкєйї бардык тилде  жеўил сїйлєй алат экен. Москвада А.С. Пушкин атындагы орус-тил жана адабият институту бар. Институт Кыргызстандан келген жаштарды конкурстан тышкары кабыл алат экен. Бизде кээ бир кыргыздар орустун өзүнө караганда жакшы сүйлөйт. Мисалы, Кочкордун эле кызы Салтанат Саматова ошондой эле Алтын Камчиев, Айгүл Курманова орустун грамматикасын, орфографиясын, юморун орустан жакшы билишет.

Айке Аданбекова

Булак: Де-Факто

Башкарууда жаңы тренд: эркелетип сындаңыз

Дүйнөнүн ири компаниялары кызматкерлери менен алакаларын өзгөртүүдө. Алар «ата-бала» сымал наалыма насаат айткан мамиледен баш тартышууда. Буга актанууга мүмкүндүк бербеген, сынды жана шылдыңдап ат коюуну көтөрө албаган жаңы муундун кызматкерлери түрткү берүүдө

Жакшы-жаман деп баалоо чочутат

Компьютердик программа чыгарган «Adobe Systems» компаниясы 2012-жылы буга чейин акылга сыйбайт деген жаңы кадамга барган. Бул компания кызматкердин ишинин натыйжалуулугу, анын рейтинги жана макамы тууралуу жылдык эсеп-кысаптан баш тарткан. Компания жумушчулардын баасы бычылып жазылган рейтингдин кесепетинен көптөгөн жакшы кызматкерлерден кол жууп калып жатканын байкаган.

«Adobeдун» вице-президенти Донна Моррис: «Рейтинг менен секичеге жайгаштыруу жетекчинин маанайына байланыштуу жана өтө эле көп сын камтыйт. Мисалы, сиз колуңуздан келишинче аракет кылдым деп эсептесеңиз, бирок сизди жөн гана «туруктуу кесипкөй» деп коюшса кыжырыңыз келет. Сизди барктабай, ишиңиздин «жылдызы» катары мамиле кылышпаса компаниядан кеткиңиз келет», – дейт.

Учурда биздин кызматкерлер менен жетекчилер аэропорттогу «Check-in» системасындагыдай бири-бири менен дайыма тыгыз байланышта деген Моррис сөзүн: «Кылынган ишти жылдын аягында карап чыгуу унаанын арка тарапты көргөзгөн күзгүсү сымал. Андан өтүп кеткен убакыттын жетишкендиктери менен каталары көрүнүп турат. Check-in системасын киргизүү адамдарыбызга ушул тапта кайсыл жерде экенин сездирди. Бул кызматкерледин тынчсыздануусун бир топ басаңдатты», – деп улантты. Мындай өзгөртүүлөр киргизилгенден бери Adobeдун штатында сактап калгысы келген кызматкерлерди жоготуусу 50 пайызга азайган.

Кызматкерлер мындай турсун, жетекчилер да жылдык аттестациядан чочуп калышкан. Ал жыл өткөн сайын ого бетер жагымсыз иш-чарага айланып, иштин натыйжалуулугунун артуусуна олуттуу жардам бере алган жок. Кызматкерлердин ишин дурус дейсизби, же дурус эмес деп баалайсызбы, айтор, мындай баалоонун өзү дурус эмес. Кызматкерлерди баалоо компаниянын стратегиясы менен кызматкердин карьерага умтулуу аракетине да эч кандай тиешеси жок. 2013-жылы башкарууга жардам көсөткөн «Mercer» фирмасы 53 өлкөдө сурамжылоо жүргүзгөн. Суралган адамдын үч пайызы гана кызматкерди сындап башкаруу аракети компаниянын натыйжалуулугуна сөзсүз пайда алып келет деп айткан.

Жылдык аттестациядан өткөрүү көп жылдардан бери сындалып келгени менен иш бергендердин көбү кызматкерлерди баалоонун жаңы ыкмаларын жакында эле пайдалана баштаган. Учурда рейтинг менен тизмектөөдөн баш тарткан компаниялардын саны аз болсо да дайыма өсүп келе жатат. Алар кызматкерлеринин ишине бир жылда бир нече жолу баа берип, аттестациялары позитивдүү, көңүл көтөрүүчү маанайда өтөт.

Компаниялар “ата-бала” арасындагы наалыма насаат айтуу мамилесинен алыстап, жардамдашып жетектөө жана өз тажрыйбасына таянып окутууга өтүүдө. Учурда ишканадагы позитивдүү өзгөрүүлөр кызматкерлердин бири-бири менен атаандашуусуна эмес, өз ара жардамдашуусуна байланыштуу деп каралууда.

Рейтинг оюндары тарыхта калды

Өткөн жылдары “Microsoft” компаниясы жылдык рейтингдерден баш тартып, жетекчиликтин кызматкелерди баалоосун жылына бир нече жолу өткөрүп, натыйжалуулукту баалоонун негизги фактору катарына жамаат менен иштей алуу жөндөмүн киргизди.

“Биздин иш адамдардын бири-бири менен кызматташа алуу жөндөмүн талап кыла баштады. Жамааттын ишине канчалык салым кылганы адамдын ишинин натыйжалуулугунун эң негизги көрсөткүчү болуп калды. Негизги жөндөм катары башка адамдардын ийгилигине жардамдашуусу аркылуу адамдын жалпы жамаатты кандай ийгиликке жеткиргени бааланууда”, – дейт “”Microsoft” компаниясынын персонал менен иштөө боюнча вице-президенти Жей Ричи.

Адамдардын натыйжалуулугун баалоо боюнча эң чоң өзгөрүү рейтинг жана даражаларга бөлүүнү жокко чыгаруу болду. Бул эскирген ыкмада адамдарды “дурус эмес”, “орто”, “ортодон жогору” деп тактага мыктап, жерден көтөрүлө албады делгендер отоо чөптөй жулунуп салынчу.

Натыйжалуулукка баа берилип жаткан кезде убакыттын баары кызматкерлер моюндабаган рейтингдердин тегерегинде талашып-тартышууга кетчү. “Биз кызматкер менен максат жана ишти жакшыртуу тууралуу пайдалуу баарлашуунун ордуна укмуштай көп убакытты рейтингдерди талкуулаганга кетирчүбүз”, – дейт Expedia” туристтик компаниясынын персонал менен иштөө боюнча башкы адиси Анита Макгроу. Ал рейтингдерден баш тартып, кызматкерлердин ишинин үзүрүн баалоонун башка түрлөрүн колдоно баштаган.

“Миң жылдык муун” деп аталган 1980 жана 1990-жылдары төрөлгөн адамдар кызматка келе баштаганда компаниялардын позитивдүү жана тез-тезден өткөрүлгөн аттестацияларга көңүл бура баштаганы даана байкалды. Үйүндө бир-эки бала болуп, ата-эне, мугалим жана тренерлердин алкышы менен өскөн “миң жылдыктар” мактоодон алыс сөздөрдү укканда нес болуп калышкан. Алардын кээ бири көз жашын талаалатып дароо иштен кеткенге шашылган. Ошондуктан бул муунду баалоо өлчөмдөрү бир топ жумшартыла баштаган дейт “General Electric” компаниясынын менетжерлери.

Буга карабастан “миң жылдыктардын” үчтөн экиси жөн эле мактап-жактоонун ордуна “пайдалуу жана оңолуп кетүүгө шарт” түзгөн алакаларды самаганын билдиришкен. “Бирок бул алакалар көтөрмөлөгөн маанайда болушу керек. “Миң жылдык” сезимталдуулугуна алдырып, сынып калбаш үчүн анын бардык нерсени сонун кылып жатканына ишендириш керек. Албетте, ката болорун, бирок ката катастрофа эмес экенин билдирүү зарыл”, – дейт “Zenger Folkman” фирмасынын бул жаатта изилдөө кылган президенти Жо Фолкман.

Фидбэк илими

Биз жогоруда сөз кылып келаткан кызматкер менен жетекчинин алакасын: “Биринчи тараптын экинчи тарапка кылган аракетине жараша экинчи тараптын биринчи тарапка көргөзгөн мамилеси”, – деп айтсак болот. Эки тараптын мындай алакасы эл аралык менетжментте “фидбэк” деген сөзгө камтылган. Жапондордо бул түшүнүк жок болгондуктан сөздүгүнө “фидобоку” деген сөз киргизишкен. Биз англисчесин кирилл тамгалары менен “фидбэк” деп берсек азырынча жетиштүү болот деген ойдобуз.

Компаниялар натыйжалуулукту баалоо үчүн бир жылда бир нече жолу көтөрүңкү маанайдагы аттестация өткөрүүгө “миң жылдыктар” себеп болгон жок дегени менен алар мындай өзгөрүүлөр жаш кызматкерлерди тартып жана кармап калууга жардам берерин моюндашат. Донна Морис: “Биздин жаш кызматкерлер Adobeдогу иши тууралуу алган фидбэкке кээде “ой атаа!..” дегени менен аракети дароо бааланып турганы аларга жагат”, – деп күлөт.

Microsoft баш болгон бир нече компания фидбэктин адамга тийгизген таасири кандай болду экен деп неврологдорго кайрылышкан. Лидерликтин адамдын мээсине тийгизген таасирин изилдеген “Neuro» лидерлик институтунун жетекчиси Дэвид Рок адамдын натыйжалуулугун баалоо аракети адамдын мээсинде коркунуч жаратып, коргонууга түртөт. Ал: «Адамдар коркунуч сезгенде чындыктан да, кантип өнүгүп өссөм деген ойдон да алысташат», – дейт.

Мындай коргонуу реакциядан качуу үчүн Дэвид менетжерлерге кызматкерлерди сындап, аларды сандар менен өлчөнгөн секичелерге тизгенден көрө, ишинин натыйжалуулугун арттыруу үчүн кандай аракет кыларына кызыгууну сунуштайт. “Ушинтсеңер кызматкерлер сиз менен өз сезимдери жана идеялары менен бөлүшөт. Чындап келгенде адамдын эң оор сынчысы ал өзү. Адам башкалар берген баадан коркуп, биротоло жабылып калуусу мүмкүн», – дейт Рок.

Бирок негативдүү баалоону да толугу менен жыйыштырып салбоо керек. Тетири фидбэктин адамга тийгизген таасири анын тажрыйбасы менен кесипкөйлүгүнө жараша болорун атайын жүргүзүлгөн илимий изилдөө далилдеген. “Жаңы кызматкерлерге берилген терс фидбэк туура болсо да аларды таарынтып, аракетине балта чабышы мүмкүн. Алар аны “мен жаман кызматкермин, тапшырманы аткара албаймын” деген ойго түртөт. Бирок сиз тырышчаак, өзүңүзгө ишенген адам болсоңуз, тетири фидбэк сиздин дымагыңызды өчүрбөй, багындыруу керек болгон кийинки ашууга жол ачат”, – дейт изилдөөнүн авторлошу профессор Эйлит Фишбах.

Роналд Олсоп BBC Capital

Булак: Саресеп

Кимдин кимдин заманы... Шавкат Мирзиёевдин заманы

Өзбекстанды чейрек кылым катуу чеңгелде кармап, былк эттирбей башкарган Ислам Каримов дүйнө салышы менен Борбор Азиянын эң көп калктуу жана ири бул өлкөсүнүн коомдук-саясий турмушунда, тутунган багытында кандайдыр бир өзгөрүүлөр болушу мүмкүндүгү айтыла баштаган. Бирок соңку окуялар бул кошуна өлкө саясатында өтө деле олуттуу өзгөрүү болбостугун айгинеледи.

Өткөн апта соңунда өзбек элитасы премьер-министр Шавкат Мирзиёевге “эки тизгин бир чылбырды” карматып, утурумдук президенттикти – мамлекет башчынын милдетин аткарууну жүктөдү. Бул Конституцияга каршы келген жагдайда ишке ашты. Ислам Каримов көзү өтөрдөн аз жыл мурда Баш мыйзамга өзү демилгелеп киргизген өзгөртүүгө жараша өлкө башчысыз калган учурда бул милдет парламент Сенатынын төрагасына тагылышы керек эле. Башкача айтканда Шавкат Мирзиёевдин мамлекет башчынын милдетин аткаруучу болуп дайындалышы Өзбекстан Конституциясынын 96-беренесине каршы. Ал берене боюнча үч ай ичинде президенттик шайлоо өткөрүлгөнгө чейин президенттин милдетин Сенаттын төрагасы аткарып турушу шарт. Бирок төрага Нигматулла Юлдашев мыйзам талап кылган милдеттен баш тартып, бул кызматка “жетекчилик тажрыйбасы бай” Шавкат Мирзиёевди сунуштап жиберди.

Ошентип саясий жараяндар дамамат көмүскө жүрүп келген бу өлкөдө жетекчи тандоо чынында кандай шарт-жагдайда, кандай ыкмада ишке ашканы күбүң-шыбың кептер менен гана чектелип, бул маселени атайын кызматтын башчысы, өзбек бийлигиндеги эң таасирдүү киши саналган Рустам Иноятов менен Шавкат Мирзиёев экөөлөп эле чечип койгону божомолдонууда. Албетте, өзбек коому жабык, биздегидей “а” дегенде эле ачыкка чыгып, маалымат каражаттары жабыла жазып кирчү жагдай жок. Баары жик чыгарылбай жасалат. Деген менен кээ бир өзбек саясатчылары (албетте сыртта бозгунда жүргөндөрү) бул жорукту конституциялык төңкөрүшкө тете иш катары баалап жиберишти. Бирок өлкө ичинде алардын минтип чырылдаганын угуп, ага көңүл койчу деле киши жок.

Кандай болгон күндө да Мирзиёeвди мамлекет башчылыкка убактылуу дайындоо чечими 4-декабрга белгиленген президенттик шайлоонун да жыйынтыгын аныктап койгондой болду. Борбор Азия өлкөлөрүндө бийлик кимдин колунда болсо кандай шайлоо болсо да жеңиш ошонуку болуп келгени “ташка тамга баскандай” тарыхый факт эмеспи.

Баш мыйзамды одоно бузуу менен де-факто тактыга отурган Шавкат Мирзиёев 2003-жылдан бери өзбек өкмөтүн башкарып келатат. Өлкө эгемендик алгандан бери өкмөттү эң узак башкарган адам. Демек маркум Ислам Каримовдун тилин таап, анын эң жакын кишисине айлануу менен далай иштерди бажарып келген. Андыктан Өзбекстан эми даана “устаттан шакирт өткөн” заманга кабылчудай. Анын үстүнө өзбек коомунда бул кишинин Каримовдон да катаалдыгы, чорт кыялдыгы, беттегенин бербегенин көк беттиги, а түгүл кызыл камчылыгы тууралуу сөз көп. Өзбек элитасындагылар анын интеллектуалдык жөндөм-деңгээлин өтө деле бийик деп баалабайт. Бирок албетте бул анын президент болушуна тоскоолдук кылбайт. Бу киши бир кезде Жизак облусун жетектеп турганда жашоо кыйындап кеткенине арыз-арманын айтып келген бир дыйканды эл көзүнчө эле сабап салганы эл оозунда азырга чейин айтылып жүрөт

58 жаштагы Шавкат Мирзиёевдун кесиби — айыл чарба инженери. Каримовдун кичи мекени Самаркандга чектеш Жизак облусунда дарыгердин бүлөсүндө туулган. Айыл чарба институтун аяктаган соң комсомолдун жергиликтүү бөлүмүндөгү лидерлик менен карьерасын баштаган. Андан кийин кызматтан кызматка секирип отуруп, өкмөт башчылыкка келгенге чейин эки облусту: Жизак жана Самарканд облустарын башкарууга жетишкен.

Ал утурумдук президенттикке дайындалар замат өлкө мурдагы карманган багытынан кыпындай да тайбасын, бир да аскерий альянска мүчө болбогон позиция улана берерин айтып чыкты: “Биз мурдагыдай эле бир да аскерий-саясий блокко кошулбайбыз, башка өлкөлөрдүн аскерий базаларын жайгаштырбайбыз жана жоокерлерибиз тыш жакта кызмат кылышына жол бербейбиз. Кандайдыр бир ички жана тышкы күчтөр өлкөнүн көз карандысыздыгын бузууга аракет жасай турган болсо катуу сокку урабыз”.

Мирзиёевдин бул сөзү өлкөнүн тышкы жана ички саясатында көп деле өзгөрүү болбосунан кабар берет. Тышкы саясат демекчи Каримов көзү өткөн соң ири өлкө лидерлеринен Өзбекстанга биринчи болуп орус президенти Владимир Путин баш багып кетиши да көп нерсени каңкуулайт. Кытайдагы саммитке байланыштуу Каримовдун жаназасына келе албай калган Путин дароо ат тизгинин Өзбекстанга буруп, бир чети маркумдун үй-бүлөсүнүн көңүлүн алса, бир чети жаңы лидер Мирзиёевдун тамырын тартып кетти. Андан көп узабай казак президенти Нурсултан Назарбаев да Самаркандга барып, Каримовдун кабырына бата кылуу менен “көз көрсөткөн” казак лидери да “болочок президент” атыгып жаткан киши менен сүйлөшүп кетти. Бул эки өлкө башчылары тең Каримовдун жаназасына өкмөт башчыларын жиберген эле. Кыргызстандан да премьер-министр Сооронбай Жээнбеков барган. Кошуна өлкөлөрдөн тажияга анда Түркмөнстан менен Тажикстандын президенттери гана барган. Өзгөчө көп жылдардан бери эки тараптуу алака-катышы дээрлик токтоп, Душанбе менен Ташкендин ортосунда жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр болбой калганына карабай тажик президенти Эмомали Рахмондун тажияга келиши кошуначылык парз, адамгерчилик катары бааланган.

Ошентип кошуна өлкөлөрдөн Өзбекстанга бир гана Кыргызстандын президенти “батага” барган жок. Ошол күндөрү ал Дүйнөлүк көчмөндөр оюну менен байланыштырылган. Бирок андан кийин кеч болсо да Путин менен Назарбаевге окшоп биздин президенттин Ташкент тарапка барар-коёру кабарланбады.

Эми болсо Бишкекте КМШ лидерлеринин саммити башталып отурат. Бирок ага Өзбекстандын утурумдук президенти келген жок. Анын ордуна кыргыз тарапка сыпайы кат жолдоп, өзбек тараптын тобун бул саммитке тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов жетектеп барарын билдирди. Расмий Бишкек мунун себебин Өзбекстандагы ички маселелерге, алдыдагы президенттик шайлоого байланыштырды. Айткандай эле, кечээ Бишкекке келген өзбек тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болуп, расмий Ташкен эки тараптуу ымаланы чыңдоо иштерин ылдам баштоого дилгирлигин билдирди.

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы алака-катыш акыркы жылдары кыйла солгундап кеткен. Чек ара жабык, кошуна аймактарда мурдагыдай соода-сатык, алыш-бериш токтогон. Жер-суу талаштары чечилбей, чек ара тактоо иштери талаштуу аймактарга келгени такалып турат.

Өзгөчө акыркы күндөрдө Аксыдагы Үңкүр-Тоонун айланасындагы маселе да курчуп, сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпай жатат. Маркум Ислам Каримовдун учурунда Камбар-Ата ГЭСин куруу планына байланыштуу Ташкент Бишкекке карай бир канча жолу “таш ыргыткан” учурлар да болгон. Кыскасы ушундай талаш-тартыш маселелерден улам татаалдашып кеткен кыргыз-өзбек алакасы жакын арада жумшарып кетиши арсар, өзгөчө чек ара, жер-суу маселесинде. Анын үстүнө өзбек бийлигиндеги “эки тизгин бир чылбырды” колго алган Шавкат Мирзиёевдин өлкө тышкы саясат, коопсуздук багытында мурдагы карманган саясатынан кайтпастыгы тууралуу билдирүүсү да көп нерсени каңкуулап тургандай.

Булак: Де-Факто

Ош облус башчысы алыскы Чоң-Алай элинен кабар алды

КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов бир күндүк иш-сапары менен Чоң-Алай районунда болду. Бул тууралуу Ош облустук өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

Сапар учурунда райондогу үч айыл эли менен жолугуп социалдык-экономикалык, инфраструктуралык курулуштар жана элет элинин күнүмдүк көйгөйлөрүн угуп пикир алышты. Алгач Кашка-Суу айылында болгон жолугушууда жергиликтүү тургундар негизги көйгөй катары балдарына үлүш аянттарын бөлүп берүү үчүн жер аянттарын трансформация кылуу, айылдагы курулушу башталган мектепти пайдаланууга берүү жана Кара-Кабак жана Кабык айылдарында таза суу көйгөйүн чечүү көйгөйлөрү айтылды.

Облус башчысы “башталган курулуштар толук аягына чыгарылат. Өкмөттүн да негизги максаты курулушу башталган мектептерди, бала бакча жана спорт залдарды алгач толук бүткөрүп андан соң жаңыларын курууну колго алып жатат. Буюрса мектеп бүтөт. Ал эми таза суу маселесин чечүүгө аз гана кадам калды. Анткени буга чейин долбоор иштелип жумуш жасалган экен. Эми муну дагы адистер менен карап чыгып чечкени аракет кылалы”-деди. Ошондой эле турмуш шарты оор эки  үй-бүлөгө дарыланып ден-соолугун чыңдоо үчүн өзүнүн жеке фондунан 30 миң сомдон каражат бөлүп берди.

Күндүн экинчи жарымында ушундай эле мазмундагы жолугушуу Дароот-Коргон айылынын эли менен болду. Жыйында чогулгандар эл жашоосу жакшы экенин айтып, болгону тоо-кен тармагына келип инвестиция салган ишкерлердин мыйзамдуулукту сактоосуна көзөмөлдүн күчөтүлүүсү керектиги айтылды. Облус башчысы Таалайбек Сарыбашов инвесторлорго көзөмөл дайым болорун айтып, эгерде кандайдыр бир мыйзам бузуу аракеттери байкалса мыйзам чегинде жоопко тартыларын кошумчалады. Экинчи тарабынан алардын мамлекетке чоң суммада салык төлөп жаткандыгын жергиликтүүлөргө болгон колдоосун да эске алып иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берүү керектигин айтты.

Калган маселелер суроо-жооп иретиндеги күнүмдүк жеке маселелер менен улантылды. Дагы бир жыйын райондун шарты катаал болгон Жекенди айылында болуп өттү. Мында да ички чарбалык жолдордун абалы, Кызыл-Суу дарыясынын нугу жолго жакын келип калгандыгын, санариптик берүүлөрдү көрө албай жаткандыктарын айтышты. Бардык суроолорго жооптор берилип, көйгөйлөр жеринде чечилди. Андан сырткары жол, электр энергиясы, курулуш иштерине байланыштуу бардык айылдардагы суроолорго облус башчысы менен кошо барган облустун тийешелүү мекеме-ишканаларынын жетекчилери жооп берди.

Тоогуңан тартып, балыгыңа чейин камсыздандыр

Кыргызстан айыл чарбасына ылайыкташкандыктан, калктын басымдуу бөлүгү айыл жергесинде дыйканчылык жана мал чарбачылыгы менен күн көрөт. Бирок айтылбай келген кырсыктан же атайын жасалган кылмыштан улам дыйкандардын, малчылардын жылдап төккөн тери текке кетүүдө

Учурда калктын 70-80 пайызы мал багып, эгин эгүү менен алектенет. Айыл-чарба жана мелиорация министрлиги билдиргендей өлкө боюнча 7 млн.дон ашык мал бар. Анын ичинен бодо мал 1,3 млн. болсо, кой-эчкинин саны 6 млн.го жеткен.

Айыл элинин кылган оокаты жалгыз мал чарбасы жана айыл чарбасы. Бирок кээде табият кырсыктары жана ар кандай ылаңдар өмүр бою чогулткан байлыгын бир күндө жер менен жексен кылууда. 2015-жылдын эсеби менен 150 миңге жакын мал арам өлүп, алардын жалпы чыгымы 1 млрд. сомду чапчыган.

Карышкыр 30 койду бир күндө кырды

Жакында эле Жайыл районунун тургуну Абылгазиев Тыныбектин 30 баш коюн карышкыр кырып кеткен. Азыр үй-бүлө жылдап тапкан кирешесинен бир күндө кол жууп, күйбөгөн жери күл болуп турган чагы. Тыныбектин айтымында, 30 кой 1 жылдык киреше эмес. Байлык бир тыйындан куралат дегендей, 10 койду 100гө көбөйтүү үчүн Абылгазиевдердин үй-бүлөсү ондогон жыл тер төккөн. “30 кой менен кошо бир эле менин эмес, балдарымдын да өмүр бою чогулткан кирешеси күйүп кетти”, – дейт ал.

– Кышкысын мал үйдө болот, жайкысын жайлоого чыгабыз. Өзүмдүн коюма кошуп элдин коюн алып акыга багып берем. Дагы жакшы, карышкыр элдикине тийбей меникин кырыптыр. Анткени меники өзүнчө кетип калчу. Күн ысыкта чак түштө кой жуушайт эмеспи, ошондо көлөкөгө таштап коюп үйгө түштөнгөнү кетип калчумун. Ал күнү да ошенткем. Күн оой баштаганда барсам кой жок. Ары-бери издеп таппай койдум. Көрсө, карышкыр кууп кетиптир. Сыягы бир үйүр карышкыр го, казакка өтүп бараткан окшойт. Ошентип койдун калганын эртеси таңга жуук таптык. Чачылып кеткен экен, ар жерден бир-экиден таап аттык. Баш аягы 30дай кой жок. 10го жакынынын ичин жарыптыр. Дагы ондоюн тамактап кетиптир. Калганын айдап кетсе керек, дайыны жок. Карышкыр кургур тойсо деле ыраазы болбой, жөн эле кыра берет экен.

Фермер Тыныбектин айтымында, мындай окуя быйыл биринчи жолу катталып аткан жок. Буга чейин да кара малын карышкырга жем кылган кездери көп болгон.

– Эми бул табият экен да. Карышкыр кой эмес, жылкыга кол салган учурлар да болуп келген. Тай, торпокту далай жегиздик. Бирок мынчалык массалык кырган эмес. Карышкыр кез келген саатта келип, кымырып кетиши мүмкүн. Карышкыр тийбейт деп эч ким кепилдик бере албаса керек, – деп кейиди малчы.

Малдын өлгөнү да көйгөй, көмгөнүң да көйгөй

Дыйкан, малчылардын жыйнаганын чачып, ырысын кошо талашкан бир эле карышкыр, чөө эмес. Андан тышкары айттырбай келген табият кырсыктары, катаал аба ырайы (сел, мөндүр, чагылган, калың түшкөн кар), жугуштуу оору сыяктуу дагы бир топ себептерди атоого болот. Адатта мындай учурда мамлекет тарабынан бир тыйын жардам көрсөтүлбөйт. Жадагалса, чириген жемиштен же малдын өлүгүнөн дыйкан, малчылар өздөрү кутулууга аргасыз. Анткени малдын өлгөнү өзүнчө көйгөй, өлүмтүктү жок кылуу кийинки көйгөй. Малдын өлүгү атайын аңгекке ыргытылса, чириген жер жемишти атайын жайга төгүү үчүн өзүнчө акча төлөп, ташып чыгуу зарыл. Албетте, мындай көрүнүш атам замандан бери кайталанып келе жаткан көнүмүш адат. Анткени адам табиятка эч качан каршы чыга алган эмес. Адистер аталган көйгөйдөн чыгуунун жалгыз жолу – мал жандыктарын жана айыл чарба өндүрүмдөрүн камсыздандыруу деп эсептешет. Камсыздандыруунун мындай түрү азырынча эл арасында кенен тааныла элек. Буга биринчиден камсыздандыруучу компанияга ишенимдин жоктугу себеп болсо, экинчиден, эл арасында маалыматтын аздыгы себеп болууда.

100 коюңду бир койго камсыздандыр

“АТН полис” камсыздандыруу компаниясынын жетекчиси Эрнис Абдыкеевазыр балыктан тартып тоокко чейин камсыздандырса болорун айтат. “Мал баасы базарга карап бааланат, ошол баанын 1ден 5 пайызга чейинки суммасын камсыздандыруу компанияга төлөйт. Бул 100 коюң болсо, жылына 1 кой бересиң деген кеп” – дейт ал.

– Ачыгын айтканда, азыр элибиз мал жандыктарын же айыл-чарба өндүрүмдөрдүн камсыздандырганга өтө элек. Көнө элек. Ал эми банктан насыяга мал алган болсо банктын милдеттенмесине ылайык, сөзсүз камсыздандырышат. Бааны базар баасына ылайыктайбыз. Мал базарда канча турса биз да бааны ошого салыштырабыз. Мисалы, уйду 200 миң деп ашыра баалабайбыз, же 30 миң деп кемите да айталбайбыз. Жогоруда аталган пайыздык көрсөткүчтөр бардык эле малга бирдей эмес. Эгерде асыл тукум жылкы болсо же пародалуу уй болсо пайызы да чоңураак болот жана камсыздандыруу акчасы да көбүрөөк төлөнөт. Өткөндө көчмөндөр оюнунда күлүктөрдүн, көк бөрүгө чабылчу аттардын баары биздин компанияда камсыздандырылуу болчу. Байкасаңыздар керек, чабылган аттардын бери жагы эле 5000 доллар турат. Ошол оюнда жабыр тарткан аттардын дары-дармегине кеткен чыгымдарды толук төлөп бердик. Азыр бизге тоок фермалардын ээлери көбүрөөк кайрылууда. Анткени тоок деген араң жан болот экен. Оору каптаса 1-2 күндө эле жапырт кырылып калат.

Ошондой эле Эрнис Абдыкеев карапайым элге бир эле мал жандыктарын эмес, айыл чарба продукцияларын да камсыздап алуусун кеңеш кылат.

– Мисал катары, картөшкөнү алсак, алгач картөшкө эгилген жердин анализин алабыз. Семиз жерби, арык жерби ошону аныкташыбыз керек. Анализдин негизинде 1 гектар жерден канча тонна түшүм алынары билинет. Ошого жараша пайыздык көрсөткүчтү да аныктайбыз. Жердин анализи толук аныкталып бүткөндө базар баасын карайбыз. Быйылкы жыл менен, акыркы жылдардын статистикасын салыштырып, пайызды чыгарабыз. Ошондуктан пайыздык көрсөткүчтү алдын ала айтуу кыйын болуп калат.

Мамлекеттик компаниялар ишеничтен чыккан

Өлкөбүздө камсыздандыруучу компанияларга карата элдин ишеними акырындап жоголуп баратат. Анткени айрым компаниялардан тиешелүү акчаны ала-албай артынан айлап-жылдап чуркаган адамдар жок эмес. Алар айткандай, өз акчаңды өндүргөнчө бюрократиялык тоскоолдуктар менен таманың тешилип бүтөт. Булардын сап башында мамлекет менен биргелешип ачылган чет элдик компаниялар турганы жашыруун эмес. Айыл чарба иштери боюнча адис Манас Саматов чет элдик компанияларга ишенип болбойт дейт. Ал элдин акчасын чогултуп алып, куйругун түйүп кеткен компанияларды көрүп эле жүргөнүн айтат.

– Менин билишимче камсыздандыруучу компаниялардын көпчүлүгү чет элден келген. Басымдуу бөлүгү Орусияга тийиштүү. Аларга эч качан ишенбеш керек. Анткени мындай компаниялар жогоруда отурган биздин аттуу-баштуулар менен ымала түзүп, алганды билип бергенди билбей калышат. Кыскасы, акыр-аягы коррупциялык долбоорго айланып, элдин канын соргондон башка иш кылбай калат. Ушул убакка чейин орус каржы институттары менен биздин лөктөр биргелешип демилгелеген бир да долбоордун кыйратып аягына чыкканын көрө элекпиз. Булардын башы бириксе эле акча топтоп өз чөнтөгүн толтурмайга өтүшөт. Бул бизде эле эмес, дүйнө жүзүндө болуп аткан көрүнүш. Жаңы чыгып келе жаткан кыргыз компаниялар бар, бирок саналуу гана. Ошондуктан мал чарбасын, деги эле мүлктү камыздандырууда ишеничтүү, арты таза компанияларга кайрылганыбыз оң.

Мындан сырткары, өлкөдө 7 млн.го жакын мал-жандык болсо, мал доктурдун саны 4 миңге жетпейт. Айрым алыскы айылдарда малчылар өздөрү адистешип, ооруган малды билими жок туруп дарылаганга өтүшкөн. Айрым учурда мындай адат тескери жыйынтык берип, чыгымга алып келет. Эмесе кийинки макалабызда ушул тууралуу сөз кылмакчыбыз.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөнстанда эң арзан чылымдын кутусу 17 доллардан сатылууда

Түркмөнстанда жеке жактардын чылым сатуусуна тыюу салынганына үч айдан ашты. Ушул жылдын мартында президенттин жарлыгы менен өлкөнүн Соода жана сырткы экономикалык байланыштар министрлиги гана чылым ташып келүү жана сатуу укугуна ээ болгон.

Бирок жайдын башында мамлекеттик дүкөндөрдө чылымдар кыйла азайып кеткен. Бүгүнкү күндө тамеки сатуу толугу менен мыйзамсыз жана жеке соода жайларында жүрүп, чылым баасы күн сайын жогорулоонун үстүндө. Эгер эки жума мурда бир куту чылымды 40-50 манатка сатып алууга мүмкүн болсо, бүгүн өлкөдө 55 манаттан арзан тамеки жок.

Түркмөнстандын түндүгүндөгү Дашогуз шаарында «Mond» маркасындагы чылымдын кутусун 60 манаттан ($17) сатып алууга болот, кечке жакын анын баасы 65 манатка чейин көтөрүлөт. Айылдарда эң арзан чылымдардын кутусу 57-60 манаттан сатылууда.

Көмүскө базарларда сатылып жаткан чылымдар орусиялык акциздик маркаларга ээ, мындан улам алардын контрафакт экени көрүнүп турат.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өлкөдө Конституцияны өзгөртүүгө каршы кол топтолууда

“Референдумга жол жок” кыймылы  Конституцияны өзгөртүүгө каршы кол топтоодо. Алар ошондой эле парламентти таркатуу чакырыгы менен чыгышууда. Активисттер бийлик жарандардын пикирлерин укпай жатат деп айыпташууда.

Кыймылдын төрайымы, Эсеп палатасынын мурдагы башчысы Элмира Ибраимованын айтымында, учурдагы Жогорку Кеңеш мыйзамдарды бузуу менен элдин пикирин эске албастан Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө аракет кылууда. “Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү мыйзам долбоору адам укугу, гендердик жана антикоррупциялык экспертизалардан өткөрүлгөн жок. Бул мыйзам долбоорду тезинен кабыл алууну жактагандар жогорку жактан бекитилген график боюнча ишти жүргүзүү керектигин ачык эле айтып жатышты. Жогорку Кеңештин мыйзамдарды бузган, регламентти бузган, элдин пикири менен эсептешпеген иш-аракети анын легитимдүүлүгүнө доо кетирди. Бул мыйзамсыз жараянга тиешеси бар парламенттин легитимдүүлүгү боюнча да маселе жаралды”-деди ал.

Кыймылдын мүчөлөрү кол топтоо 40 күн болорун жана алгачкы жыйынтыгы 8-октябрга белгиленген курултайда жарыяланарын айтышты. Алар мындай жол менен бийликти Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесинен баш тарттыруу максатын көздөйт. Кол топтоону эл аралап жүргүзүү пландалууда.

Оппозициянын референдумду өткөрүүгө каршылыгына карабай, бийлик Баш мыйзамды өзгөртүү аракетин улантууда.Дүйшөмбүдө референдумду 4-декабрда өткөрүүнү караган мыйзам долбоор Жогорку Кеңешке келип түштү. Анда өкмөт менен Борбордук шайлоо комиссиясына референдум өткөрүүгө даярдык көрүү тапшырмасын берүү каралган.

Айрым маалыматтар боюнча референдумду жергиликтүү кеңешке шайлоолор менен чогуу өткөрүү пландалууда. Бирок БШК жергиликтүү кеңешке шайлоолор качан өтөрүн ачыкка чыгара элек.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Араван районунан ажылыкка кеткен зыяратчылар кайтып келишти

Бүгүн, 27-сентябрь күнү күндүзгү саат 08:30да Медина-Ош авиакаттамы менен 250 жарандан турган ажылардын 4-тобу Ош Эл аралык аэропортуна келип конду. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Ажыларды Ош Аэропортунан Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жана ажылардын миңдеген туугандары тосуп алып, алардын ажылык милдеттерин аткарып, аман-эсен туулган жерлерине кайтып келгендери үчүн бата кылышты. Аталган рейстин тобун ажы башчы болуп жетектеп барып келген Ош облусунун казысынын орун басары  Нурбек кары Орунбаевдин айтуусунда ажылардын баардыгынын ден-соолугу сак-саламатта жана толук курамда жогорку деңгээлдеги тейлөө менен кайтышкандыгын билдирди. Сауд Арабиясында калган зыяратчылар Медина-Ош авиакаттамдары аркылуу 1-октябрга чейин кайтып келишмекчи.

Эскерте кетсек, быйылкы ажылык сапарга Ош облусунан 1514 жаран кеткен болчу.

 

 

 

 

Германия тажик «жихадчысын» мекенине өткөрүп берүү боюнча чечим чыгара элек

Укук коргоо органдарынан билдиришкендей, Германия өлкө аймагында кармалган адамды өткөрүп берүү боюнча тажик бийлигинин өтүнүчүнө жооп бербей жатат. Ал «Ислам мамлекетинин» мүчөсү деп шектелүүдө.

Тажикстандын 30 жаштагы жараны июнда Карлсруэ шаарында (Түндүк Рейн-Вестфалия) кармалган. Германиянын тиешелүү органдарына анын күнөөлүү экенин далилдеген видео материалдар жөнөтүлгөн.

Бирок герман тарап Саидовду экстрадициялоо чечимин дагы деле кабыл ала элек жана ал маселе боюнча тараптардын сүйлөшүүлөрү уланууда. Саидов мекенинде кыйноолор менен ырайымсыз мамилеге дуушар болорун айтып, Германиядан аны тажик бийлигине өткөрүп бербөөнү өтүнгөн. Тажикстанда анын жубайы жана эки баласы калган.

Саидов мекенинде жалданмачылык жана чет өлкөдөгү согуштук аракеттерге катышууга айыпталууда. Расмий маалыматтар боюнча ал 2015-жылы Сирияга барып, «Ислам мамлекети» тобунун катарына кошулган. Интерполдун издөөдөгү адамдардын тизмесинде. Ал качкын катары Сириядан Германияга өтүп барган.

Саидов Жакынкы Чыгышка барганга чейин мекенинде айдоочу болуп иштеп, кийин Орусияга жумуш издеп кеткен.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Равшан Жээнбеков: "Биздин башыбызды президент бириктирди"

“Референдумга жок” элдик кыймылынын мүчөсү, саясатчы Равшан Жээнбеков «De-факто» гезитине пландалып аткан Курултайдын максаты тууралуу маек куруп берди.

“Референдумга жок” кыймылын түздүңүздөр. Негизги максаты кандай бул кыймылдын?

Бул кыймылдын негизги максаты — болуп аткан саясий процесстерге активдүү катышуу. Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү жана референдум өткөрүүнү токтотуу. Мекенчилдер, саясатчылар, жарандык активисттер жана жаштар биригип, бир уюм түзүү боюнча чечим кабыл алганбыз. Мындай биригүү мурда бизде болгон эмес. Анткени улутчулдар жарандык коомду жаман көрсө, саясатчылар улутчулдарды жактырбай келген. Бирок ошентсе дагы президенттин акыркы кадамдары, сөздөрүнөн кийин башыбыз бирикти. Бул үчүн президентке ыраазычылык билдиребиз.

—Бул кыймылга салмактуу саясатчылар кимдер кошулду?

Кыймылга оппозициялык маанайдагы саясатчылар, убактылуу өкмөттүн жана жарандык коомдун мүчөлөрү, жаштар кирди. Улуу саясатчылардан Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров, Азимбек Бекназаров, Өмүрбек Субаналиев, Бегалы Наргозоев, Чолпон Жакупова, Замира Сыдыкова, жаштардан Мавлян Аскарбеков, Адиль Турдукулов, жарандык коомдон Динара Ошурахунова, Рита Карасартова, Нурбек Токтакунов, мекенчил топтордун лидерлеринен Баяс Турал, Кадыр Кошалиев бар. Мына ушулардын баары биригүүгө аргасыз болду.

Курултай өткөрүүнү пландап жаткандар бир пикирге келе алышпай жатат деген сөздөр тарады эле…

Мен уштуруучулардын бири катары, баардык сүйлөшүүлөргө өзүм катышып жүрдүм. Бизде тил табышпаган эки принципиалдуу позиция келип чыккан. Улутчулдар менен жарандык коомдун ортосунда жана саясатчылардын арасында. Улутчулдардын кээ бир топтору, эгерде бийлик Конституцияга биз каалагандай өзгөртүүлөрдү, маселелерди киргизүүгө макул болсо, биз да каршылык көрсөтпөшүбүз керек деген пикирин айтышты. Ортодо ушул маселени чечип албаганыбызга байланыштуу бирикпей туралы деп чечим кабыл алганбыз. Кийин чогулуп сүйлөшүп, бир гана максатта бириге турган болдук. Бул Конституциялык стабилдүүлүктү сактоо жана референдумду токтотуу.

Курултайды кантип жана кайда өткөрөбүз деп атасыздар? Форматы кандай болот? Каалагандардын баары катыша алабы?

Курултайды өткөрүү 8-октябрга пландалды. Алдын-ала катышуучулардын тизмеси түзүлөт. Анткени бийлик акыркы 4-5 жылда, жумуртка менен ургандарды дайындап, ОБОН аялдарды чыгарып көнүп алды. Ошого курултайга биз билген гана адамдар чакырылат. Ар бир топ жарандык коом, жаштар өздөрүнүн мүчөлөрүн алып келишет. Жакында тиешелүү мекемелерге кат менен кайрылабыз. Филармонияда, же болбосо спорт сарайында өтүшү мүмкүн. Бирок бийлик ар кандай шылтоолор менен тоскоолдук жаратса, башка бир имарат издегенге туура келет.

Сиздердин демилгеңиздерди эл канчалык колдойт деп эсептейсиздер?

Биздин байкоолорубуз боюнча, Конституцияга өзгөртүү киргизүү сунушун бир гана бийликтин дежур адамдары колдоп атышат. Ал эми интеллигенттер, коомдук ишмерлер, саясатчылар, граждандык коомдун мүчөлөрү каршы болуп атышат.

Курултай референдум өткөрүүгө каршы канчалык таасири тийгизет деп ойлойсуздар?

Биз дайыма мыйзамдын алкагында иштешибиз керек. Бүгүнкү күндө каршы пикир билдирүүгө курултай, тегерек столдор, тынч митингдер сыяктуу жолдорубуз бар. Ошондуктар мыйзамдын чегинде баардык саясий куралдарды колдонууга аракет кылып атабыз. Бийликке канчалык таасирин тийгизет айта албайбыз, бирок бул коомдук процесс болуп эсептелет. Эгерде бийликтин акыл-эси болсо, муну эске алышы керек. Эгерде референдумду токтотпосо, анда бул бийликтин өзүнүн проблемасы.

Курултайдан кийинки кадамдарыңар кандай болот?

Биздин байкашыбызча, саясий процесстердеги кырдаал аябагандай курчуп келе жатат. Курултайдан кийин эмне кылабыз так айта албайбыз. Бирок Кыргызстанда системалуу түрдө опозициялык маанайдагы саясатчылар пайда болду. Президенттин акыркы сөздөрү, туура эмес кыймылдары жана иштери менен көптөгөн саясатчылардын башын бириктирди. Президенттин бийликти узурпациялоосуна жана кайрадан бийликти кармап калууга жасаган аракеттерине каршы иштерибизди улантабыз. Саясий күрөш улана берет.

Бегимай БАКАШЕВА

Булак: Де-Факто

Адеми Акимова, “Ынтымак” радиосунун алып баруучусу: "Көп сүйлөгөн жигиттер менен мамиле кура албайм"

Ош шаарындагы  “Ынтымак” радиосунун ажарлуу алып баруучусу Адеми Акимовага өз кесиби абдан жагат.  Журналистиканын ар кайсы тармактарында өзүн сынап көргөн Адемини радио магнит сымал тартып алыптыр.  “Убакытты туура пайдалануу — ийгиликтүү жашоонун негизи” деген ураан менен жашаган сулуу бизге кызыктуу маек куруп берди.

Адеми, радиого бир кирип алгандан кийин андан чыгуу кыйын дешет. Сиздин оюңуз кандай?

Ооба, радио лабиринт сыяктуу, кирген соң чыкчу эшигиңди  таппай каласың. Негизи эле радионун чөйрөсү магниттей экен. Мен да ага тартылдым десем болот. Өзүм деле кичинекей кезимден журналистика тармагына кызыкчумун. Көбүнчө диктор болууну самап, жаңылыктарды күтүп жүрүп көрчү элем. Кийинчерээк радиодон жагымдуу үндөрдү угуп жүрүп, радиого кызыга баштадым. Ар бир ди-джейдин сүйлөгөнүн угуп, аларга окшошом деп туурачу элем. Буга чейин мен аймактык бир гезитте иштечүмүн. Ал жерден да көп нерсени үйрөнүп  дос-тааныш, санаалаштарды таптым. Кийин ушул “Ынтымак” радиосуна келип калдым. Мага бул радио көп тилдүү программалар менен иштеп, түрдүү тилдеги  ырларды жаңыртканы менен жаккан.

Журналистиканын дагы кандай тармактарында өзүңүздү сынап көрдүңүз?

Жогоруда айтып өткөндөй мен алгач гезитте иштедим. Мына ошол гезит аркылуу журналистиканын босогосун аттадым. Мага сүйлөгөндү апам үйрөткөн болсо, мектеп жазганды үйрөттү. Ал эми гезит мага журналистика тармагына көпүрө болуп берди. Биздин ТРК учурда “Ынтымак Media Group” деп аталып калды. Анткени биз бир эле телеканал менен  чектелбейбиз. Бизде ТВ, радио, гезит, сайт бар. Мен бир эле радиодо иштебейм. Сайтка маалымат коюп, ТВга программа жасайм. Азыр жаңы телесезонго жаңы долбоорлор даярдалып, “Сапар” деп аталган телеберүүнү алып баруудамын.

_mg_6676

Канткенде адам кесипти туура тандай алат?

Адам жашоодо эки нерсени тандоодон жаңылбаса эле жашоосу жакшы болот деп коет эмеспи. Биричиси кесип болсо, экинчиси — өмүрлүк жар. Тилекке каршы, көпчүлүгүбүз бул тандоодон жаңылып калып, убакыттан уттурат экенбиз. Анткени айрымдарыбыз көп акча төлөөчү кесипке умтулсак, кээ бирлеринин кесибин ата-энеси эле тандап коет. Ал кесипке кызыгабы, кызыкпайбы,  шыгы барбы, жокпу, ага карашпайт. Ошондуктан биз тандаган кесип биздин жан дүйнөбүзгө дал келиши керек. Ишибизди сүйсөк, ага  көңүл коюп чарчоону сезбей, майын чыгара аткарабыз.

Аялдык бакыт деген эмне өзү?

Биз жашоо сценарийибизди  ата-энелерибиздин жүрүм-турумунан же абройлуу кишилерден көчүрүп алат экенбиз.  Алар уруш-талашсыз, бактылуу жашаса, биз да алардай болууга аракет кылабыз.  Анткени биздин бакытыбыз — бул биздин акылыбыз. Дал ошол аялдык бакытты тартуулаган да биздин акыл десем болот.  Анткени акылыбыз бизди ар тарапка түртөт. Билимге, бизнеске жана башка чөйрөгө. Азыр мен аялзаты катары айта турган болсом, бактылуумун. Аялдык бакыт бүлөлүү болгондо да толукталса керек.

_mg_6480 Гендердик теңдик үчүн күрөшкөн айымдар көп. Сизди да алардын катарынан көрсөк болобу?

Ооба, аялдар менен эркектердин тең укуктуулугу Конституцияда жана башка бир нече мыйзамдарда каралган, бирок иш жүзүндө аткарылбай келет. Эгерде бизде гендердик теңдик болсо, аялдар жумуш ордулары менен камсыз болуп, айлык маяналары да жетиштүү өлчөмдө болмок. Ар кандай жетекчилик  кызматтарда иштeй алмак. Аял коомдо өзүн  ишкер катары толук кандуу көрсөтө  алмак. Мен аялдарга  карата калыптанган стереотиптердин көбүн  жоюу керек деп ойлойм.

Сулуулук чоң акчаны талап кылат дейт. Сиз келбетиңизге кантип кам көрөсүз жана канча каражат жумшайсыз?

Жашообузду сулуулуксуз элестеттүү мүмкүн эмес. Бирок убакыт өткөн сайын биз сулуулукту көбүрөөк талап кылат экенбиз. Көбүнчө көөдөнү сулуу кишилер менен баарлашууну каалайбыз. Ошондуктан сулуулук ар бир адамга керек. Мейли өң-түсү сулуу болбосун, бирок көңүлү сулуу болсун. Мен мындай адамдар менен сааттап сүйлөшүүгө да даярмын. Мен сырткы келбетиме, жүзүмө көп деле каражат сарптабайм. Башка кыздар сыяктуу эле өзүмдү дайым карап жүрүүгө аракет кылам.

Төгөрөгү төп келген эркектер кандай болушу шарт?

Менимче төгөрөгү төп келген адам жок. Ар бир адамдын артыкчылыгы жана кемчиликтери болот эмеспи. Кимди жактырып калсаң, сен үчүн ошол адам идеалдуу болушу мүмкүн. Жеке мага  интеллекти жогору, тарбиялуу, түшүнүктүү, чынчыл, аз сүйлөгөн мырзалар  жагат. Анткени мен көп сүйлөгөн мырзалар менен мамиле кура албайм.

Элвира Акимова

Булак: Де-Факто

Айкүр оюну бильярдга чоң атаандаш болот

Кыргыздын улуттук чүкө оюндарын бириктирген “Айкүр” федерациясы 21-сентябрда алгачкы бет ачарын жасады. Анда упай, кыйыр жана топ таш оюндарынын эрежелери көрсөтүлдү. Федерациянын максаты көчмөн оюндарын замандын талабына ылайыкташтыруу жана эл аралык деңгээлге алып чыгуу болуп саналат. Федерациянын негиздөөчүлөрүнүн бири, улуттук спорт мекемесинин жетекчиси Касенов Алмазбектин айтымында чүкө оюндарын бильярддын атаандашына айлантууга толук мүмкүнчүлүктөр бар.

– Чүкө оюндарын азыр жаштар эле ойнобосо, улуу муун кызыкпай калган. Анткени бул оюндар көчө-көйдө, чаң топурактын арасында ойнолот. Андагы айрым эрежелер курсактуу адамдардын ойношуна бөгөт болот. Классикалык кийим менен отура калып мээлөө, ары-бери чуркоо мүмкүн эмес. Адамдарга биринчи эле кезекте шарттын болуусу маанилүү. Заманга жараша азыр эч ким көчөгө чыгып алып чаңдын арасында чүкө ойногусу келбейт. Биздин ордо жана башка оюндардын өнүкпөй жатканына дал ушулар себеп. Ал эми бильярддагыдай жагымдуу шарттар болсо айкүр оюндары акырындап жайыла баштамак. Бильярд стол оюндарынын ичинен бүткүл дүйнөдө жападан-жалгыз монополисттик кылып жатат. Ага атаандаша турган башка оюн жок. Ошол эле учурда бильярд “Luxury” статусундагы жогорку класстагы оюндардын катарында турат. Чүкө оюндарын да ушул топко кошууга болот. Анткени илгери ата-бабалар ортого бир баалуу буюм, тай же торпок коюп ойношкон. Бирок бильярд десе эле туура бильярдды элестетпешибиз керек. Айкүр стол үстүндө ойноло турган бильярддын аттандашы болот. Азыр тайпага бөлүнгөн адамдарга жаңыланган эрежелер менен ойнотуп жатабыз. Бардык өлчөмдөр эсептелинип бүткөндө столдун бет ачарын кылабыз. Анын өлчөмдөрү бильярдыкынан башкача болот. Дене тарбия жана спорт агенттиги бул долбоорду колдоп, аккредитациядан өткөрүп берсе, келечекте Казакстан, Орусияга Айкүр федерациясын ачууну пландап жатабыз. Атайын беттештер 2017-жылдан баштап жүргүзүлөт. Беттештин жеңүүчүсүнө алтын чүкө берели деп турабыз.

Булак: Саресеп

Текебаевдин бомбалары жана Казак элбашынын таарынычы

Сентябрь башталып, Көчмөндөр оюнунун аякташы менен башталган референдум, анти референдум жана ушуга улай саясаттагы эки жаатка өтүп чабышуу бул аптада басаңдамак тургай, кайра күч алды. Жогорку кеңештин депутаты, «Ата мекен» фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев бир эмес, эки жолу пресс конференция берип, Атамбаевди согуп турду. Натыйжада, интернетте да уу-дуу кептер күч алып, кайда караба ушул эле кептер айтылып тургандай. Эмесе, ошолордун ичинен бир канчасын назарыңыздарга сунсак…

Алмазбек Атамбаевди билбейм, Албек Ибраимов чоң мафиозник экени ачыкка чыгып калды. 1. Ал “Дастан” заводун башкарып турган маалда стратегиялык объектинин жерин мыйзамсыз жашырып койгон.

2. Ал жер стратегиялык объектинин балансында экенине карабай, күнкарама Директорлор Кеңешинин чечими менен жеке менчикке чыгарган.

3. “Дастан” заводунун Дриекторлор кеңешине “Автомаштын” кызматкерлерин отургузуп алган.

4. Жер тилкесин ачык аукционго койбой эле сатып салган.

5.Жубайынын Анарбек Укукевден сатып алганы жана Алмаз Атамбаевге сатканы боюнча салык кызматында бир да маалымат жок.

6. Мамкаттоонун башчылары менен тил табышып алып, декларациясын жок кылып салды.

7. Аэропортту жетектеп турганда баасы 2 млн. доллар турган борттук тамак-аш жасоочу цехти 12,5 млн. долларга атайылап кымбат сатып алган.

Мына ушул иштер кайсы бир күнү тыкыр иликтенип аягына чыкканда, Албек Ибраимов Абдулла Юсуповдун жанынан жай табышы толук мүмкүн. Тилекке каршы, бул кыңыр иштери менен ал Президент Алмаз Атамбаевдин командасынын беделин түшүрүп, Президенттин жүрөгүн оорутту. Андыктан, эми ал Президеттин саламаттыгына кеткен чыгымдарды төлөөгө тийиш. “Бир карын майды бир кумалак чиритет” демекчи, алда немедей ак, таза иштеп жаткан президент жана анын кристаллдай таза командасын уят кылып, Кой-Таштыктарды көчөгө чыгууга аргасыз кылганы кечирилгис күнөө…

‎Марат Максатбеков

Бул жалганда бирөө кетет, бирөө келет, бирөө күлөт, бирөө ыйлайт, 7-апрелдеги революция кимдин багын ачты? Ошол мезгилде жети килдик улактай болгон Икрам Илмияновдун, Фарид Ниязовдун, Сапар Исаковдун салмактары сайдын ташындай оор болуп калды. Санаасы жок сарт семиз деген сөз бар, бүгүн Атамбаевдин Нью-Йоркко жетпей сыркоолоп калганы буларды күйүнтөбү же сүйүнтөбү? Бүгүнкү күндө президент сыркоолоп турганына байланыштуу спикер бийликти өз колуна алып элдин ынтымагын кармап турганы оң го? Жогорку үчөөнө ишениш жок.

Saiasat Kg

Президент Алмазбек Атамбаев өтө оор кылмыштар менен расмий айыпталып жатат. Аны көчөдөгү бирөө эмес, Жогорку Кеңештин депутаты, белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаев ачык күнөөлөдө. Мындай кылмыштарга айыпталгандан кийин Атамбаев актанып, Текебаевдин келтирген айыптоосуна каршы мыйзамдуу аргументин билдирип далилдеши керек. Эгерде, далилдеп, ага коомчулукту ынандыра алса анда мындан ары президент болуп иштөөгө моралдык укугу бар. А коомчулук алдында ал өзүн ишенимдүү актай албаса президент болуп элди башкарууга моралдык укуктан ажырайт. Мындай уят иштен кийин эл алдына бети калың, абийирсиз адам гана эч нерсе болбогондой кайра кайрыла алат.

Атамбаевдин айыпталып жаткан далилдери:

1.Максим Бакиевдин жер тилкесин басып алып, ага үй салып жатат. Мародёрчулук.

2.Сеператист, Ош коогалаңынын уюштуруучусу Кадыржан Батыров менен 2010-жылдан 5-июнь күнү жашыруун жолугушуп, шайлоодо КСДП менен Батыров башында турган «Ана Ватан» партиясы өнөктөш болуу жөнүндө сүйлөшүү болгон.

3. Кадыржан Батыровдун Кыргызстандан чыгып кетишине Атамбаев Алмаз Шаршенович жардам берген.

4.Кадыржан Батыровдун байлык, мүлктөрүнө КСДПчы Нурмамат Сулайманов ээлик кылат.

Мына ушундай расмий айыптоо Текебаев тарабынан коомчулукка ашкереленди. Алмаз Атамбаев азырынча жооп кайтара элек. Болгону, ал бүгүн Арашандагы туугандарын Акүй алдына алып келип, Текебаевге каршы митинг уюштурду.

Жакшылык Бердибек Уулу

Кылмышкер Абдулла Юсуповдун тамтыгы калган жок. Бабанов бир колдонду, таштап салды. Эми Атамбаев колдонуп атат. Болгондо дагы баары Текебаевге каршы колдонуп келишти. Мародёрлука атамекенчилерди күнөөлөп келди эле жогоруда мен кеп кылган адамдардын командасы. Мына кечөө ким мародер экени аныкталып отурат! Акыл-эси бар адам чыдай алгыс мындай ыпластыкты ким карап туруп унчукпай коё алат? Себеби, ошол ыплас ишке барган адам көчөдө калган алкаш болсо мейли дейт элек. Бирок мамлекетти мына ошолор башкарып жатпайбы. Мына кыргыз элинин шору ушулар. Эгер келечегибиз кең болсун десеңер, урматтуу мекендеш, бул маселеге кайдыгер карабагыла, чындык тарапка өткүлө.

Дайырбек Арунов

Кандуу жолдордо ГАИлер жок. Эмнеге? Ал жактарга баруу үчүн жол алыс, май керек, тамак-аш керек. Ошондуктан ГАИлер кан жолдордо жок. Аларга майды эч ким куюп бербейт. Жумуштук машиналарына өз чөнтөктөрүнөн куюшат. Кантип? Элден алган “шабашкасы” менен. “УВДда реформа кылдык”, “Патрулдук Милиция болуп калдык”, “Кыйраттык” деп эле жатышат. Карандай калп. Баары калпычы, министринен баштап, ошол реформа кылып салдык деген жөнөкөй кызматкерине чейин калп айтат. А чындап келгенде баягы эле таз кейпинде. УВД структурасы ушунчалык коррупцияга чыланып бүткөн, жийиркенип, кускуң келет. Жөнөкөй ДПС болуш үчүн, пара бересиң, азыр наркы бир ЖЫЛКЫ! Биз Нарында ушинтип коррупциянын наркын да мал менен баалап калганбыз. Көнүмүш адатка айланып баратат. Анткени акча алсаң, отпечаткадан “взятка” деп камалып кетесиң. А мал менен бычышып койсоң, Бир күнү аш-тоюңа, же согумга ошол ДПС болгон баланын берген малын союп коёсуң. Болбой баратса ошончо акчасын аласың. Ким тана алат кана? Ким коррупция жок дей алат азыр УВДда? Эч ким!!

Аларга укук бергенде эч нерсе өзгөрбөйт. Аларды кан жолдорго чыгарыш керек. Чоң трассаларга чыгып, көзөмөл кылышы керек. Ошондо эл жай айдап калат. Ошондо кичине сестенет. А бул ПМлар (патрулдук милициялар) болсо, май куюп, ал жактарга барып убара болбой, шаардын кычык-пычыгына мышыктай туруп алып аңдып коюп жатышат. Кенедей Нарында базар жакта бир тараптуу жол бар. Болгону бир эле жол. Мурда 6дан кийин ал эки тараптуу эле болуп калчу. Жол жасалып, ал белгини алып салышкан экен. Эми кечкисин ошол бир тараптуу жолду аңдып коюп, патрулдук милиция жатат. Жакында видеосун тартып туруп чыгарам. Митаамдык бул. Бар, кан жолго түндө тур! Бар ошол трассаларда иште. Шаардын ичинде 40 менен бараткан адамды токтотуп алып, бир тараптуу жолдо баратасың деп “шабашка” кылбай.

Тынчтык Атбашингтони

Уккан кулакта жазык жок…

Бишкекте ШКУнун жыйыны өткөндөн кийин коңшубуз Нураке Назарбаев ШЕФтин туулган күнүнө катышпай, куттуктабай, шашылыш эле кетип калганына таң калып калганбыз. Ал тургай кечээ коңшулар сүйлөшүп калсак, бир байке “Назарбаев Атамбаевге Путиндин Невский орденин бергенин көрө албай койду, ээ?” деп менден сурайт. Билбеген соң унчуккан эмесмин. Ичимден Нураке анчалык ичи тар, майдачыл киши эмес эле деп койгом.

Көрсө, Нураке менен ШЕФтин ортосун чындап эле кара мышык аралап кетиптир. Өздүк булактардын билдиришинче, жыйындан кийинки тамактануу маалында эмнеден улам экени белгисиз, экөө уруша кетиптир. Катуу айтышып, арачага түшкөндөр эптеп тыйып калышкан. Мына ушундан улам Нуракенин маанайы түшүп, туулган күнгө да катышпай, Үркүндүн эстелигине да гүл койбой, таазим этпей баса бериптир…

Албетте, кимиси чырды баштаса да, камчынын арты келип элдин жонуна тиери, Бажы Биримдигинде турганыбызга карабай, казактар ансыз да биздин өндүргөн продукцияларды өткөрбөй жаткан чакта, мындай окуянын кереги бар беле же жок беле?! Айтор, укканым ушу, ылайым андай болбой эле калса экен, бул жөн эле сөз болуп калса экен деп тилейли…

Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы жери боюнча Текебаев көрсөткөн схема

Тынчтык Атбашингтони

Булак: Саресеп

Света Тойгонбаева, айтымчы, төлгөчү: “Темир Жумакадыров кырсыкка кабылып калышы мүмкүн”

Бакиевдер бийликтен кара дубанын күчү менен кеткенин, Ислам Каримовдун каза болоорун, Нариман Түлеевдин түрмөдөн чыгарын айткан, төлгөсү төп келген төлгөчү, көзү ачык Света Тойгонбаева менен баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

Бул адам азыркы  кызматында убактылуу гана иштейт. Көпкө отурбайт. Кызматка күтүлбөгөн жерден бирөөнүн колдоосу менен келген экен. Азыр  концепция жазып, күч структураларын реформа жасайм деп киришип жатат. Бирок  күтүлбөгөн  жерден кызматтан кетет.  Бул адам унааларга көп түшпөшү керек. Кырсыкка кабылып калышы мүмкүн деген аян түшүп жатат.  Сак болушу керек.

Булак: “Асман+”

Прокурор Сейтказы Матаевди 6 жыл 8 ай түрмөгө кесүүнү сурады

Прокурор соттон Матевдердин мүлкүн мамлекеттин карамагына өткөрүп берүүнү жана 3 жылга ишкердик кылуу укуганан ажыратууну өтүнүүдө. Айыптоочу аларды бюджет каражатын уурдоодо, салык төлөөдөн качууда күнөөлүү деп табууну суранууда. Жактоочулар болсо Матаевдери куугунтуктоону токтотууга үндөштү.
Астанада коррупциялык кылмыштарга байланыштуу соттук отурум 23-сентябрда башталган. Матаевдер тагылган айыптоолорду четке кагып келишет.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Украин прокуратурасы Мамдумадагы крымдык депутаттарга кылмыш ишин козгоду

Крымда украин прокуратурасы Орусия Мамдумасынын депутаттарына карата кылмыш ишин козгоду. Алар мамлекетке чыккынчылык кылуу беренеси боюнча айыпталып жатышат. Бул үчүн жаза иретинде 12 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Украин прокуратурасынын пикиринде, Орусия тарабынан аннексияланган Крымда орус парламенти үчүн депутаттарды шайлоо Украина суверенитеттүүлүгүнө кол салуу болуп саналат.

Кылмыш иши “Бирдиктүү Орусиянын” тизмеси боюнча шайлоодон өткөн депутаттарга – Руслан Бальбек, Михаил Шеремет жана Наталья Поклонскойго, ошондой эле бир мандаттуу округдар боюнча шайланган Константин Бахарев, Светлана Савченко, Дмитрий Белик жана Андрей Козенкого карата козголду.

Өткөн аптада Крымда шайлоо өткөрүү Украинанын аймактык бүтүндүгүнө кол салуу болуп эсептелет делинип кылмыш иши ачылган.

Жарым аралда Мамдума үчүн өткөн шайлоолорду Кошмо Штаттар жана Евробиримдик тааныган жок. Крым Орусия тарабынан 2014-жылы басып алынган. Украина жана эл аралык коомчулук Кырымды украин аймагы катары эсептейт.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эне тил кечээ, бүгүн жана эртең

Тоталитардык режим солкулдап турган мезгилде 1989-жылы 23-сентябрда Кыргызстанда кыргыз тилинин мамлекеттик тил деп жарыяланышы көптөрдү кубандырса, айрымдарды таңкалдырып, кээ бир кичинесинен шаарда төрөлүп, шаарда чоңоюп, шаарда окуп билим алып, шаарда иштеген «киргиздерди» жана орус тилдүү жарандарыбызды ыңгайсыз абалга алып келген

Кыштымдар өздөрүн кыргыз атаган

Андан бери чейрек кылымдан ашуун убакыт өттү. Эне тил маселеси күнүмдүк басылмалардан, радио-теле берүүлөрдөн байма-бай айтылып күн тартибинен али күнчө түшпөй келе жатат. Ал тургай ар дайым айтыла берип көнүмүшкө айланып бара жаткандай..

Көчөлөрдөгү сабатсыз жазылган жарнак, көрнөктөрдү көрүп, расмий тилде токулган токтомдорду, жалбырактай жааган буйрук, чечимдерди окуп 27 жылдан бери эне тил маселесинде биз эмнеге жетиштик, эмнеге жетише албай жатабыз деп ойлоого аргасыз болосуң. Кыргыз тили совет бийлигине чейин эле нукура кыргыз элинин тили болчу. Анткени биздин ата-бабаларыбыз ушул тилде Манасты жаратып муундан-муунга чыпчыргасын коротпой өткөрүп келген. IX кылымдагы Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн мезгилинде «кыштымдар» өздөрүн сыймыктануу менен кыргыз деп атап, эч кандай буйрук чечимсиз мамлекеттин кийлигишүүсүз эле кыргыз тилин үйрөнүп, кыргыз тилинде сүйлөшкөн.

Кыргыз тили өнүгүп келе жатат

Кыргыз тилин улуттук деңгээлге жеткирүүдө совет бийлигинин кошкон салымы чоң. Совет бийлигинин «Формасы улуттук, мазмуну социалисттик маданиятты өнүктүрүү» принцибинин негизинде элдин сабатсыздыгы жоюлуп, жер-жерлерде, айыл-кыштактарда кыргыз мектептери ачылып, кыргыз тилинде окуу китептер чыгарылып, дүйнөлүк адабияттар кыргыз тилине которулуп, Улуттук кыргыз драм театры уюшулбады беле. Аларды кантип танабыз?

Кыргызстанда кыргыз тили улуттук тил катары өзүнүн өнүгүүсүн токтоткон жок. Дагы деле өнүгүп жатат. Бирок мамлекеттик тил катары өнүгүп жатат деп айтыщ кыйын. Анткени Кыргыз мамлекетинин мамлекеттик органдары бири-бири менен иш кагаздарын расмий тилде жүргүзүп келе жатышат. Мамлекеттик тил сентябрь айында гана эскерилбесе калган учурларда эске алынбайт деле.

Балдарыбыз “папа”, “мама” деп калышкан

Советтик тоталитардык режимдин күч алышы, «пролетардык интернационализм» принцибине жамынган «Улуу державалык» саясат эне тилибиздин өнүгүшүнө кандайдыр бир деңгээлде терс таасирин тийгизгендигин да танууга толбойт. Мен Кыргыз элинин эгемендүүлүккө шилтеген алгачкы кадамы 1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тилин мамлекеттик тил деп жарыялоодон башталган деп ойлойм. Ал кезде бул кадамды шилтештин өзү чоң кайрат күчтү талап кылган. 80-жылдары кыргыз тили шаар эмес айыл жерлеринде өзүнүн улуттук маанисин жоготуп балдарыбыз «папа», «мамага» өтүп, райондордогу бардык чогулуштар, иш-чаралар расмий тилде жүргүзүлүп, эне тилибиз эл журттан четтеп калбады беле. Кыргыз тилинин мамлекеттик тил деп жарыяланышы бул элибиздин чоң жетишкендиктеринин бири болгон. Андан бери 27 жыл өттү. Элдин кыргыз тилине болгон кызыгуусу артып бала бакчаларда, мектептерде кеңири кулач жайып, кыргыз тили адеп-ахлактын, билимдин тилине айланды десем жаңылышпайм. Бирок кыргыз тилин канчалык аздектесе да, балдарын орус тилиндеги бакчаларга, мектептерге берүүнү артык көргөн ата-энелер дале көп. Муну менен ата-энелерди күнөөлөгүм келбейт. Эне тилибиз толук мамлекеттик тил макамына ээ боло албай жатса, өлкөдөгү жумушсуздуктун айынан чет өлкөлөргө чыгуу үчүн башка тилдерди үйрөнүү биринчи орунга коюлуп жатса аларда эмне айып.

Мамлекеттик тилдин 27 жылдан берки көйгөйү

Биринчиден, бала бакчаларда, мектептерде кыргыз тилинде окутканыбыз менен аларды заманбап технологиялар менен жабдый алган жокпуз. Көрсөтмөлүү ачык сабактарды жогорку деңгээлде өткөрсөк да, күнүмдүк сабактар мурунку эле нукта өтүүдө. Эне тилди үйрөтүү бала бакчалардан эмес, энелер мектебинен башталышы керек. Ал үчүн энелердин эне тилине болгон кызыгуусун жана жоопкерчилигин арттыруу абзел. Бүгүнкү күндө бешик ырын ырдап бешик терметкен бир да энени уга да, көрө да элекмин. Биздин ата-бабаларыбыз эне тилин эненин сүтү, бешик ыры, чоң энелердин жомогу, чоң аталардын санжырасы, нуска кептери, комуз күүсү, жигиттердин шырылдаңы, кыз-келиндердин бекбекейи менен каны жанына сиңирип келген. Эне тилди мамлекеттик деңгээлде өнүктүрүүнү дал ушул энелер мектебинен башташ керек.

Экинчиден, Кудайдын мунусуна да шүгүр, эне тилибиз көчө тилинен бала бакчаларда, мектептерде билимдин деңгээлине жетти. Кыргызстанда жашап жаткан башка улуттун балдары да кыргыз мектептерде окуп, кыргызча билим алууга далалат кылууда. Америкадан, Германиядан, Япониядан келген волонтёрлордун кыргызча сүйлөгөнүн угуп бөтөн элдин өкүлдөрүнүн кыргыз тилине болгон сый-урматын сезип жүрөгүң кубанат. Бирок кыргыз тили мамлекеттик тил болуш үчүн илимдин тилине жетиши керек. Ал үчүн атайын орто окуу жайларында, жогорку окуу жайларында дарстар эне тилибизде окулуп, илимий ачылыштар эне тилибизде жасалууга тийиш. Бул бүгүнкү күндө күлкүлүү угулушу мүмкүн. Эне тилди илимдин деңгээлинде өнүктүрүүнү студенттик скамейкадан эмес, колдон келсе мектеп партасынан баштоо зарыл.

Көпчүлүк профессорлор, доценттер кыргыз тилинде дарс окуудан качышат. Анткени алардын түшүнүгү боюнча кыргыз тили илимдин эмес, адабияттын, санжыранын тили. Андыктан Кыргызстанда кыргыз тили, адабияты жана Кыргызстандын тарыхы боюнча айрым гана илимий эмгектер кыргыз тилинде жазылганы болбосо дээрлик бардык илимий монографиялар, диссертациялар, илимий макалалар орус тилинде гана жазылат. Кыргыз тили анан кантип илимдин тили болсун? Кээде эмне үчүн мамлекеттик тилдин өнүгүшүн кыргыз интелигенциясы өзүнөн баштабайт деп ойлойсуң.

Үчүнчүдөн, кыргыз жаштары келечекте өздөрү кызыккан башка тилдерди эне тилинен кем билбеши керек. Бүгүнкү күндө биз мындай жаштардан кур эмеспиз. Кыргыз жаштары азыр дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө окуп, иштеп, жашап жатышат. Бирок орус, англис, немец тилдерин өздөштүргөндөн кийин көпчүлүк жаштардын эне тилге болгон мамилеси солгундай баштайт. Кыргызча окуганга караганда орусча окусак жакшы түшүнөбүз деген жаштарды көп эле көрүп жүрөбүз. Республикабызда иш кагаздардын көпчүлүгү алгач расмий тилде даярдалып анан мамлекеттик тилге которулат. Мамлекеттик тилде жазылган иш кагаздарды «котормо тилде жазылган» десек да болот. Аны ким которот адиспи же башкабы аны Кудай билет. Эне тилибиздин түшүнүксүз, супсак, чогоол болуп калышына ушул нерсе да таасирин тийгизип, иш кагаздардын стили сакталбай, терминдер чаржайыт болуп, андай документтерге жөн жай жарандар эмес адистердин түшүнүшү да кыйын. Демек, иш кагаздар алгач жакшынакай сөздөр менен кыргыз тилинде даярдалып, анан расмий тилге же башка тилдерге жеткиликтүү которулууга тийиш. Антпесек эне тилибизди мамлекеттик тил деп канчалык төш какканыбыз менен эч нерсе чыкпайт.

Төртүнчүдөн, Республикабызда эне тилге болгон бирдиктүү талаптын жоктугу байкалат. Муну жөнөкөй эле көрүнүштөн байкоого болот. Мектептерге же мекемелерге кирип бара жатканда «Кош келиңиздер!» же «Куш келиңиздер!» деген жазууларды окууга болот. Аргасыздан өзүңчө «кушу» туурабы же «кошу» туурабы деп ойлойсуң.

Бешинчи, шаардын көчөлөрүндө, ал тургай айыл жерлеринде да чет тилде жазылган көрнөк жарнактар көбөйүп кетти. Көчөдөгү көрнөк, жарнактардан кээде өзүңдүн кайсы өлкөдө жүргөндүгүң билбей каласың. Мамлекеттик тил мыйзамынын 27-беренесинде «Кыргыз Республикасында жарнактар, кулактандыруулар, прейскуранттар жана башка маалыматтар адегенде мамлекеттик тилде андан кийин расмий тилде, зарыл учурда башка тилдерде да жоболоштурулат» деген талап бар эмеспи. Айрыкча, бизнес чөйрөсүндөгүлөр муну ар дайым эске алышы зарыл.

(уландысы бар)

Кочкор айылы, Капар Кыдыралиев атындагы орто мектептин тарых мугалими Жумабек Болотбеков

Булак: Саресеп

Ачык сот болбосо, адилеттүүлүк болбойт...

Урматтуу мекендештер!

Белгилүү болгондой, 2016-жылдын март – май айларында КРдин УКМК органдары тарабынан төмөндөгүлөр камакка алынган: Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Дастан Сарыгулов, Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султанов, Александр Гусев, Тойгон Калматов. Аларга «бийликти күч менен басып алуу даярдыктарын жүргүзүшкөн» деген айып коюлууда (КРдин Кылмыш кодексинин 27- 295-беренелери).

Буга байланыштуу, биз – Кыргыз Республикасынын жарандары, бул аракеттин саясий себебин көрүп туруп, ошондой эле алардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында,  Саясий туткундарды коргоо комитетин түзүү тууралуу жар салабыз.

Биздин Комитеттин ою боюнча, бийлик, аудиожаздыруулар менен ыкчам издөө ишмердүүлүгүнүн материалдарынын негизинде коомчулукту аталган адамдардын айыптуулугуна ишендирүүгө аракет кылып жатат. Ошол эле учурда, тергөө жана соттук иш-аракеттердин жүрүшүндө алардын кылмыштуу ниетин (мисалы, курал-жарак, ок-дарылар, жарылуучу заттар, акча каражаттарын сактоо, ошондой эле бийликти басып алууга үгүттөп, топторду уюштуруу жана агитациялык материалдарды таратуу, ж.б. аракеттер) тастыктаган кандайдыр бир негиздүү далилдер келтирилген эмес.

Далил катары келтирилген дооматтар жөн гана учурдагы саясий абалдарга карата ой, көз караш, тынчсызданууну билдирүү болуп эсептелинет, бирок мамлекетке эч кандай коркунуч туудурбайт, тескерисинче, бул биздин ажырагыс укугубуз болуп, ал үчүн эч ким кылмыштык жазага тартылууга тийиш эмес. Бирок, бийлик алардын эркин ой билдирүүгө болгон укуктарын одоно түрдө бузуу менен жана коомчулуктан айыптоонун далилсиздигин жашырууга аракет кылып, ишти жабык сот отурумунда карап жатат!!!

Биздин оюбуз боюнча, мындай соттук отурум цирктеги «трюкачтык» эле болуп жана саясий чөйрөдө башкача ой жүгүрткөн адамдарды кысымга алуу каражаты, ошондой эле аларга «өз ордун билүү» тууралуу даана эскертүү катары кызмат кылат.

Бул саясий фарстын бардык аткаруучуларына айта кетчү нерсе, Силердин колуңар менен жаза ишке ашып жатат жана силер бул үчүн эртеби-кечпи жоопко тартыласыңар.

Биз ачык соттук чечимди талап кылабыз!!!

15-сентябрь, 2016-жыл

Саясий туткундарды коргоо комитети:

Марс Кадыров

Талайбек Мадаминов

Марат Зульфия

Арстан Талгарбеков

Руслан Султанов

Улан Колубаев

Сапар Аргымбаев

Лунара Калматова

Александр Гусев

Дастан Сарыгулов                        

Кыйырда кыйналган кыз-келиндерибиз көбөйдү

Буга чейин миграция агымына эркектер тартылып келгени менен, акыркы убакта мигрант айымдардын да саны өстү. Чет жерде жүргөн кыз-келиндерибиз ар кандай басмырлоого дуушар болуп, укуктары тепселеген учурлар арбыды

Аялдардын көпчүлүгү бирөөнү ээрчип барышат

Жакырчылык, жумушсуздук жана төмөн айлык акыга дуушар болгон ар бир кыргыз чет жерге бакыт издеп жөнөйт. Аялдардын жалгыз, же күйөөсү менен миграцияга агылышынын негизги себеби өзүнүн каржы абалын жакшыртып, үй-бүлөсүнө жардам берүү.

Анткени менен мигрант айымдардын өсүшү жаш балдарга дагы таасир бербей койгон жок. Экономикалык жетишсиздик өспүрүмдөрдү ата-энеси менен, же алардын бирөөсү менен, а кай бир учурда жалгыз миграция жасоого түрттү. Орусиянын федерациялык миграция кызматынын берген маалыматына ылайык, 2016-жылы катталган кыргыз мигранттардын 18 пайызын бойго жете электер түзгөн.

Зордук-зомбулукка кабылуунун негизги себеби туура эмес документ, же анын дээрлик жоктугу. Жалпысынан кыргыз мигранттарынын 60 пайызында чет өлкөдө керектелчү документ толук эмес. Ушундан улам жумуш берүүчүлөр тарабынан малайча жумшалып, ал тургай психологиялык, физикалык, сексуалдык кордоого дуушар болушууда.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн астындагы мамлекеттик миграция кызматынын берген маалыматына ылайык, учурда миграциядагы жарандарыбыздын 40 пайызын аялдар түзөт. Бул болсо Борбордук Азиядагы жогорку көрсөткүч. Себеби Өзбекстан, Тажикстанда көбүнчө чет жерге иштегени эркектери кетет. Аялдары болсо үй оокатын карап калышат. Ал эми кыргыздарда акыркы кездерде эркектери үйдө, аялдары талаада болуп калды. Алар өлкөдөн толук маалымат албай чыккандыктан, кыйынчылык болгондо кайда, кимге кайрыларын билбей, ар кандай басынтууга чыдап келет.

Москва шаарында спирт ичимдиктерин саткан дүкөндө иштеген 22 жаштагы Эламан жалгыз бой кыз-келиндерге аябай кыйын болоорун айтат:

– Менин оюмча кыз-келиндер жалгыз чет жакка кара жумуш үчүн чыкпай эле койгону оң. Себеби мигранттарга Орусиялыктардын мамилеси жакшы эмес. Бизде бир келин иштейт. Дайыма күйөөсү тосуп алып кетет. Анткени бир жолу аны орустар эле тоноп, сабап кетишкен. Анан дагы мусулмансыңар деп көбүнчө терроризм менен байланыштырышат. Кыздарды официант болосуңар деп алдап, сойкулукка сатып жиберишкенин да угабыз.

«Бир Дүйнө – Кыргызстан» укук коргоо кыймылынын өкүлү Мирлан Кубатбековдун айтымында, мигрант айымдар өздөрүнө-өздөрү олуттуу мамиле жасабагандыктан, басынтууга кабылат дейт.

– Биз изилдөө жүргүзүп жатканда мигранттар менен чогуу болдук. Алар “Бул жер тууралуу маалыматты кайдан алдыңар, кантип келдиңер?” деген суроого көпчүлүгү туугандары, тааныштары аркылуу келгенин айтышкан. Бирок, чакырган киши деле эч кандай мыйзамдарды билбейт. А беркилер болсо аларга ишенип барат. Анан мыйзам бузуулар катталат. Биз кетип жатканда миграциялык кызматтарга, коомдук уюмдарга кайрылыңыздар деп айтып жатабыз. Себеби, алар мыйзамдар туралуу, андагы өзгөрүүлөр тууралуу бекер эле айтып беришет. Мигранттар өздөрү ишенчээк болушат, келечегине олуттуу көңүл бурбагандыктан ушундай кордуктарга туш болушууда. Менин оюмча баягы ЕАЭБдин алкагында мамлекеттер арасында эл аралык келишимдерди ратификациялаш керек. Себеби ал келишимдерде мигранттын үй-бүлөсүнүн баардык мүчөсүнө коопсуздук сыяктуу кепилдиктер каралган. Андан тышкары, зордук-зомбулуктар боюнча терең иликтенип, күнөөлүүлөр жазасын алыш керек деп жатабыз. Биздин элчилик, миграциялык кызматтар жакшы иштеп, мониторинг жасаса дейбиз. Бул жактан биздин мигранттарга так жана толук маалымат берилсе жакшы болмок. Эгер Казакстанга бара жатса алардын мыйзамы тууралуу, Орусияга бара жатса Орусиянын мыйзамдары тууралуу дегендей. Негизгиси жарандык коомчулук менен биргеликте иштеш керек.

Миграция ала качууну көбөйтүүдө

Кызыгы, кыз-келиндерибиз кордукту чет жактан гана эмес, өз мекенинен дагы көрүп келишет. Миграция өзүнүн терс таасирин бул жакта туруп дагы бере алат. Алсак, жумуш издеп чет өлкөгө сапар тартып жаткан эркек үй-бүлөсүн, карыган ата-энесин караганга адам таппай тез арада үйлөнүүнү чечет. Натыйжада ала качат. Кыргызстандагы “Аялдарга жардам берүү борбору” коомдук уюмунун берген маалыматына ылайык өлкөбүздө күнүнө 32 айым ала качылып, алардын алтоо зордуктоого дуушар болот. Айыл жергесиндеги баш кошуулардын 30 пайызга чейинкиси ала качуу жолу менен ишке ашат. 2014-жылкы статистикага ылайык, ала качылган кыздардын 20 пайызы качып кетсе, калган 80 пайызы жашап калышкан. Кыз ала качуу кылмыш болуп саналганына карабай, көпчүлүк укук коргоо органдарына кайрыла беришпейт. Салтка ылайык бир күн баланын үйүндө түнөп калган кызды ата-энеси дагы алып кеткиси келбейт.

1992-жылы туулган Бегайым айымдын окуясы буга аз да болсо тиешеси бар.

– Окууну 2011-жылы бүтүп, Арабаев атындагы университеттин англис тили бөлүмүнө тапшыргам. Жигитим бар болчу. 11-класстан бери сүйлөшүп жүрчүбүз. Көптөн бери Орусияга иштегени кетишим керек деп айтып калчу. Бир жолу кечинде жолугушууга чыксам ала качып кетти. Сүйлөшүп жүргөндүктөн бир аз каршы болуп, акыры отуруп калдым. Апам дагы мен макул болгон соң эч нерсе деген жок. Үйлөнгөнүбүзгө бир ай болгондо жолдошум Орусияга кетти. Үйдүн жалгыз баласы болгондуктан мен бул жакта ата-энеси менен 2 жыл жашадым. Майрамдарда келип турчу. 2014-жылы жолдошумдун айтуусу менен сырттан окумай болуп мен дагы Орусияга жөнөп кеттим. Азыр жолдошум фирмада айдоочу, мен мерчендайзер болуп иштейм.

Гендердик суроолор жана аялдардын укугу боюнча эксперт Лариса Илибезова бул маселе боюнча төмөнкүлөргө токтолгон:

– Ала качуу сыяктуу эски салттардын жанданышына миграциялык процесстин бирден-бир катышы бар. Эркектер эмиграция жасардан мурун ата-энесине кам көрүп, аларды бага турган кыз тапкысы келет. Ошондуктан турмуш куруу үчүн ала качылган кыздар эксплуатацияга туш болгон аялдардай эле болот. Алсак, ал кыз өзү тандабаган үй-бүлөнүн милдеттерин өз мойнуна алыш керек болуп калат. Мындай практикага туш болгон курмандык укук коргоо органдарына кайрылган күндө дагы мамлекет тараптан оң жооп болбогондуктан, бул процесс кайталана берет.

Мигранттар өз жандарын камсыздап алса болот

Анткен менен чет жерде иштеп жүргөн жарандарыбыз кандай гана кырсыкка учурабасын, күнөөнүн 90 пайызы алардын өзүндө десек болот. Акчаны алдыңкы орунга чыгарып алышып, өз жандарын тобокелге салгандар көп. Мигранттарыбыздын көбү маалыматка ээ эмес. Бул жерден аз да болсо жардамы тиер деп камсыздандыруу тууралуу сөз козгоону эп көрдүк.

Өлкөбүзгө камсыздандыруу түзүмү киргенден бери өз жанын камсыздандыруу деген түшүнүк да пайда болгон. Демек, ар бир адам чет жакка кетип жатып өзүн камсыздандырып алса болот. Алсак, курулушта иштеп жатып колу-буту кокустап кетсе, же сыркоолоп калса, колуна акчасы тие элек болсо камсыздандыруучу мекеменин кызматын колдоно алат.

“АТН ПОЛИС” камсыздандыруу компаниясынын мүдүр орун басары Абыкеев Эрнис мырза чет жакка чыгып кетип жатып өзүн камсыздандырган адамдар көбөйдү дейт:

– Мигранттар өздөрүн бөөдө кырсыктан, андан тышкары медициналык жактан камсыздандырса болот. Медициналык камсыздандыруу чындап айтканда кымбат. Мисалы, Орусияга 10 күнгө барып келгенге 5-6 доллардай төлөнөт. Эгер өзүн бир жылга камсыздандырса 170-180 долларга чыгат. Бирок ал жерде ар кандай учурлар болуп бейтапканага кайрылса биз менен чогуу кызматташкан ишканалар бардык чыгымдарын төлөп, карап турат. Бөөдө кырсыктан камсыздандыруунун болсо ар кандай чектери бар. Кийин акчаны ошого жараша төлөп беребиз. Бирок азырынча элде биз тууралуу маалымат көп тарай элек болгондуктан, миграцияга кетип жатып өзүн камсыздандырган аз. Андан сырткары, Орусия 2015-жылдан баштап мигранттарды милдеттүү камсыздандыруу программасын киргизген. Ошого ылайык, ал жактагылар милдеттүү камсыздандырылат.

Башында айтып кеткен нерселер айымдарыбыз көрүп жаткан кордуктардын чети эле. Андан сырткары, биз билбеген канчалаган кылмыштуу окуялар көмүскөдө калууда. Мамлекетибиз ЕАЭБге кирген соң, берилген убадалар толугу менен аткарылса мигранттардын абалы аз да болсо жакшырар деген үмүттөбүз. Ал эми чет жакка кетерден мурун толук маалымат алуу керек экенин ар бир мигрант өз өмүрүнүн сактыгы үчүн билүүсү керек.

Таңчолпон Бакытбек кызы

Булак: Саресеп

Байма Сутенова, КР эмгеги сиңген ишмер, профессор: "Жаштарга изденүү керек"

Идеология, турмуш агымы, жашоонун чаржайыт мыйзамы эгемендүүлүктү алгандан бери эч калыптанбай келет. Көп нерсеге жеттик, ошол эле кезде андан көп нерсени жоготтук, чачтык, тепседик. Дегеле кыргызга эмне керек? Кудайга шүгүр, баары бар го. Чакан элибиз, көз жоосун алган жаратылыш, булактай тунук маданиятыбыз, наристедей таза ниетибиз, кылым карыткан тарых, үрп-адатыбыз бар. Балким акыркы 25 жылдыкта өз ырысыбызды өзүбүз көтөрө албагандыктан ушул абалга келдикпи деп кетем. Илгери ата-бабаларыбыз бир боз үйдүн ичине эле батып келген. Азыр 21-кылымдын агымы мененби, айтор өз үйүбүзгө да батпай калгандайбыз. Акыры көчмөн цивилизациябыз дагы заманбапташып кеткендей. Илгери тоо-ташты араласак, азыр өлкөдөн өлкө тандап жер кезебиз. Ооба, ар бир адамдын максаты ар кандай. Алыстыктарды багындыр, жетишкендиктерге жетиш, кыргыз урпагы, бирок улутуңду унутпа. Кээде кыялымда бүтүндөй кыргыз баткыдай боз үй тигип, баарыбыз ошол жерде эриш-аркак жашасак деп тилейм. Албетте бул чабыттаган кыялдар. «Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым» деп Айкөл Манас атабыз чачылганды жыйып, үзүлгөндү улап берди. Биздин учурдагы абал жыйналган нерсе чачылып, уланган нерсе үзүлгөндөй. Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в) араб өлкөлөрү үчүн гана эмес жалпы мусулманчылык үчүн өмүр өтсө да калчу улуу идеологияны калтырып кетти. 14-кылымдар бою бул ислам мыйзамы кандай гана оор сыноолорду башынан кечирбесин дагы деле туруктуу, күчтүү. Ал эми кыргызды улут кылып түптөп берген Манас атабыздын осуяттарын эмнеге сактай албайбыз, эмне үчүн ошол шартта жашай албайбыз деген суроо жеп келет.

Кыргыздын мыкты айымдары эрдиктери менен далай тарыхты таң калтырып келген. Алардын аялзатына гана тиешелүү мээримдүүлүгү менен айкалышкан акылмандуулугу, жолборс жүрөк баатырдыгы улутту сактап келген. Бүгүнкү күндөгү мамлекетибиздеги болуп жаткан саясатка көз чаптырып, кызыктырган суроолорум менен КРсына эмгеги сиңген ишмер, профессор Сутенова Байма Жапаровнага кайрылдым. Мамлекетибиздин өткөн-кеткенин кеп кылып отуруп эже буларга токтолду.

– Эже, кыргыз нукура асыл сапаттарын унутуп жер кезип жүрө береби, 10 жылдан кийин Кыргызстанда кыргыз калбай калат деген коркунуч жокпу?

– Бул көрүнүш ар бир өнүгүп келе жаткан мамлекеттин башынан өтөт. Кайсы тарыхты алып карабагыла, укмуш болуп өнүгүп кеткен мамлекеттердин бардыгы ушундай абалда. Биз мурун миграцияны келгин куштардын миграциясы сыяктуу түшүнчүбүз. Себеби куштар жылуу жерди самашып ошол жакка учушат эмеспи. Биз ошол сыяктуу ыңгайлуу жер издейбиз. Өзүбүз кайсы бир чөлкөмдө өзүбүздү ача алабыз дегендей, адамдардын бардыгы бирдей эмес. Мисалы, мен Кыргызстандан башка жакта жашоону элестете албаган сыяктуу эле кимдир бирөө Кыргызстанда калып калган жашоосун элестете албайт. Муну жөн эле мыйзам ченемдүү көрүнүш катары карашыбыз керек. Андан улут эч качан кемибейт. Ашып кетсе 25% сыртта жүргөндүр. Мисалы, Түркиянын тарыхын карасаңар, алар айтып чыгышкан 50%быз тарап кетти деп. Ооба, тарап кетишкен. Азыр карагылачы, Германиянын жарымы түрктөр, ошол эле бүтүндөй Европанын жарымы түрктөр. Мындан алар жаман болгон жок. Бизге дагы келип инвестиция салып жатышат, окумуштуу, бизнесмен болуп келишти.

Ал эми улуттун чачырашы эч кандай трагедия эмес. Трагедия эмнеде? Трагедия мамлекетибиздин күчтүү болбой жаткандыгында. Эгерде мамлекет күчтүү болгондо бутка туруп кете бермекпиз. Кыргыз жөн гана жер кезип кеткен жок. Атуулдарыбыздын чет жакка ыктап жаткандыгынын себеби көп, мисалы ошол эле кандайдыр бир кесиптин ээси болгондо да жер тандоо чоң роль ойнойт. Бизде мамлекетте толук кандуу кесип ала албагандын кесепетинен дагы биздин жаштар кетип жатышат.

Экинчи жагы, жөн эле катарда жумуш издеп, бактысын издеген адамдар. Адамдын табияты ар кандай болот, кимдир бирөө сууга сүзгүсү келсе, кимдир бирөө коркот. Ошол сыяктуу эле кимдир бирөө сыртка чыгып келгиси келет. Анан үчүнчүсү, бул аргасыздык, жашоо шарттын бузулушу. Жөн эле мисал, кредит алып карыз болгондор, жаңы жашоо баштагысы келгендер. Бул чөйрөдө жашоо мүмкүн эмес, ошол чөйрөнү жаңыртыш керек деп кеткендер бар. Мен муну биздин мамлекеттин тарыхы менен эч качан байланыштыра албайм. Алар келет. Балким жакшы нерсени же жаман нерсени ала келээр, кандай болгон күндө да кыргыздын касиети бар да.

– Ушунча кылымды карытып, эчендеген тарых жазылган тилибизди эмнеге биз көйгөйлүү маселеге айлантып салдык?

– Тил маселеси эч качан көйгөйлүү болбойт. 90-жылдарда, жаш кезимде мага аябай көйгөйүмдөй сезилген. Себеби баардыгы орусча сүйлөшчү. Орус тилин билбеген, сүйлөбөгөн киши киши эместей кабыл алынчу. Азыркы учурда чет тилди билбегендер өздөрүн кем сезип жатышпайбы, ошол сыяктуу маселе болчу. Бул маселе жоюлду азыр, кеп башкада. Мен университетте сабак берем. Кыргыз тилинде таза сүйлөгөн жаштар окушат, жаңы муун келди. Биз дагы бир муун алмашабыз.

Дагы бир 10 жылдан кийин бул тил маселеси болбой калат. Маселе, биз ким менен тирешкенибизде. Кыргыз кыргыз менен эле тирешип атат. Чет тилди жактырып, ошол тилде сүйлөп, музыка угуп, ошол дүйнө менен жашаган, ошондон айрылгысы келбеген чөйрө бар. Бир-эки сөздү англис же кытай тилинде жазып койсо өзүн укмуш сезген, ошол агымды нукка салуу керек. Дагы бир маселе, кээде өкмөттүн жыйналышында отуруп калганда карасаңар арасында ырым кылаар бир орус жок, бирок отуруп алып орусча сүйлөшөт. Сүйлөшкөндө да так эмес, тамтаңдап сүйлөшөт. Учурдагы көрүнүштөр мурдагы эски муун менен кетиши керек. Ошол эски муун жогору жактан азайган сайын бул маселе өзүнөн-өзү кетет.

Өткөндө Америкадан, Малайзиядан окуп келген балдар менен жолугушууга барсам баардыгы кыргызча таза сүйлөп жатышат. Бирөөнүн оюнда жок башка тилди аралаштырып ийейин деген. Айрыкча орус тилин аралаштырайын деген ниет жок. Эми экинчиден, тил кандай өнүгөт? Бизде бир коркунуч бар, ал адабий тилди жоготуп алуу. Айрыкча жазылып жаткан китептерди карагылачы, жөн эле сүйлөшүү ирээтинде жазылган, эч кандай сөз байлык жок. Биз адабий тилде сүйлөп, ойлонуп, ошонубуз менен кыргыз болчубуз.

Негизги маселе адабий тилди сактоо, болбосо мынчалык чоң көйгөй жараткан тил маселеси жок. Убакыттын тез өтүшү менен биз шашылыш түрдө, кыргыз тили батыраак сиңип калса экен деп жатабыз. Кантип эле биз кышты аттап жазга барабыз? Баары бир бир жыл мезгилин басып өтүшүбүз керек, кааласак-каалабасак дагы. Биз билбейбиз да, ал кыш узак болобу же кыска болобу. Ошол сыяктуу эле тилдин да ушундай маалы. Бардык нерсе өз убагы менен болушу керек. Биздин күрөшө тургандарыбыз жанакы калька менен сүйлөгөндөр, журналистикада эң коркунучтуу нерсе ушул, сүйлөмдүн түздөн-түз которулуп маанисинин бузулгандыгы, кыргыздын нукура, интеррактивдик логикасынын бузулгандыгында. Мисалы, кабарларды карап отурганда угасың жаш журналисттердин которгондорун. Бардыгы сөзмө-сөз которулган. Ал эми ар бир сөздүн ыргагы, кубаты деген бар, которулушта ошол нерселер жок. Угуп жатып бир аз түшүнөсүң эмне деп жатканын. Жаштар таарынышпасын, изденүү, эң негизгиси адабий чыгармаларды окуу зарыл.

– Идеологиябыз барбы?

– Мамлекеттик идеология болгон жана болот. Замандын оош-кыйыш агымы менен башыбыздан ар түрлүү идеологдорду өткөрдүк. Биз идеология деп кызматтын башына келген адамды көрүп алып чалкабыздан кетип жатпайбызбы, балким ошол себептен кереги жоктур деп калдык. Идеология керек мамлекетибизге. Жакында Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхын майрамдадык.  Ошол күнү телерадио, гезиттерде бир кызыл нерсе пайда болот, андан ары эмне, жок эч нерсе. Ошонун алдында, андан кийин улап кете турган эгемендүүлүк ар бир кишинин мээсине куюлуп турушу керек. Ал да жок да.

Идеология саат сайын, күн сайын иштете турган нерсе, мисалы, сууну тамчылата берсең таш жарылат дейт. Бизге ошол тамчы керек күнү-түнү. Ал биздин, айрыкча бийлик башында тургандардын баскан-тургандарынан, сүйлөгөн сөзүнөн, ой жүгүртүүсүнөн, элге болгон мамилесинен, эртең мамлекетти кайда алып бара жатат, кандай жол көрсөтүп жатат, ушунун баарын аныктап, тизгиндеп турган нерсе. Идеология – бул дух. Эмне үчүн Коммунисттик партия күчтүү болгон, себеби идеологиясы күчтүү болгон.

Биз ушул убакка чейин ушуну колдонбой келе жатабыз. Идеологияны ырааты менен ишке ашырган нерсе керек. Манастын жети осуятын аракет кылдык, жукпай койдубу, сөзсүз түрдө колубузду жүрөккө коюп түрктөрчө гимн ырдаганда ушинтип турабыз дедик, ал да жукпай койбодубу. Биздин каныбызга сиңип, топурагыбызга өтүп кете турган нерсе керек, биз ошону таба албай жатабыз. Аны табыш үчүн мисалы атайы комиссия же структура түзүүнүн кажети жок. Идеология Президенттин иш аракетинин негизги басымы болушу керек. Жогорку Кеңештеги ар бир депутат, ар бир министр идеологиянын алып жүрүүчүлөрү болуусу зарыл.

Азыр жогорку жакта иштегендер менен карапайым адамдын эмне айырмасы бар. Ал кыйкырса берки да кыйкырып, ал секирсе берки деле секирип атат, минген машинелери деле окшош. Эч айырма жок. Баары эле министр, президент болуп жатат, эмне үчүн мен дагы боло албайм деген ой калыптанып келе жатат. Бир миллион акча тапсаң эле министр болом дебеш керек. Мындай болушу мүмкүн эмес.  Жогорку жактагылар жаштарга баскан-турганы, калкына кылган кичипейилдиги, сый-урматы менен үлгү болушу керек. А азыр эмне болуп жатат? Идеология мына ушунун баарын тарбиялоочу нерсе.

Назира Кулболдиева

Булак: “Асман+”

Кыргыз тилин билбесең окуу жайга өтпөйсүң

Өлкөбүздө жылына 23-сентябрь күнү кыргыз тилинин майрамы белгиленет. Тилибизди өнүктүрүү үчүн акыркы кездерде көп аракеттер жасала баштады. Алардын бири мамлекеттик тилди Кыргызтест системасы аркылуу өнүктүрүү сунушу болууда. Кыргызтест эне тилибиздин өркүндөшүнө кандай салым кошо алат деген суроо менен “Манас” университетинин профессору, филология илиминин доктору Замира Касымбековнага кайрылдык:

– Тилди үйрөтүүдө үч орчундуу маселе бар. Тилди өнүктүрүү, тилди үйрөтүү жана тил боюнча билим деңгээлин баалоо. Бул ар бир тилге тиешелүү. Биз тилдин өнүгүшү үчүн ушул үч ыкманы жакшы деңгээлде кармашыбыз керек. Негизи бул Кыргызтест тилдин кандай үйрөтүлгөндүгүнүн натыйжаларын көрсөтчү система. Буга чейин бизде баалоо системасы жок болгондуктан, тил боюнча бир аз суроолор бар болчу. Мындай караганда баарыбыз эле кыргызча сүйлөшүп, ой пикирлерибизди түшүндүрө алабыз. Бирок бир тилде бири-бирин түшүнгөн эки адамдын баары бир тил боюнча деңгээли ар башка болот. Эгерде мен тилди күнүмдүк тиричиликте эле колдонсом, анда аны эң төмөнкү деңгээлде билген болом. Экинчи деңгээл – мектепте билим алуу жолу менен колдонуу. Дал ушул мектеп учурунда тил билүүнүн өзөгү калыптанат. Жогорку деңгээл – академиялык чөйрөдө колдонуу болсо, эң жогоркусу кесиптик чөйрөдө колдонуу. Кыргыз тилин өнүктүрүүдө азыр деңгээл чабал. Ал үчүн дагы иштеш керек. Азыр болсо кесиптик чөйрөдө баары орус тилинде болуп, кыргыз тили өзүн көрсөтө албай жатат. Ушулардын баарын чогултуп келгенде Кыргызтест аркылуу адамдын тил билүү деңгээли талапка жооп бере алабы деген суроолорго жооп изделет. Эгерде биз бул баалоо системасын ишке киргизип алсак, биз үчүн жакшы болмок. Кыргызтест атайын деңгээлдерге бөлүнөт. А1,А2,В1,В2,С1 болуп. Мектепти бүтүргөн бала В1 деңгээлин билиш керек. В1 деңгээлинде билген окуучунун окуу жайга өткөнгө акысы бар. Эгер окуу жайга тапшырып жатып кыргыз тилдин деңгээлинен өтпөй калса, кайрадан даярданып, курстарга барып, тест тапшырат.

Таңчолпон Бакытбек кызы

Булак: Саресеп

Максат Чакиев: "Айкүр бильярдга атаандашат"

Көчмөндөр оюндарынын уюштуруучуларынын бири Максат Чакиев кыргыздын чүкө менен ойнолчу улуттук оюндарын жаңы, заманбап деңгээлге алып чыгуу жана дүйнөгө таанытуу максатында Айкүр федерациясын түптөдү. Максат мырза менен жаңыланып жаткан чүкө оюндарынын өзгөчөлүгү, жаңы деңгээлге алып чыгуудагы пландары тууралуу баарлаштык.

Айкүр федерациясын түзүүгө эмне түрткү болду?

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга 10 жылга жакын убакыт даярдандык. Ошол жылдары Олимп оюндарына атаандаш же болбосо альтернатива жок болчу. Эми Көчмөндөр оюну аркылуу ал деңгээлге бир аз да болсо жетише баштадык. Ошол эле учурда спорт оюндарынын ичинен бильярд стол оюндарынын арасында бүткүл дүйнөдө монополист болуп саналат. Мисалы азыр Бишкек шаарында эле эң аз дегенде 200дөн ашык бильярд салондору бар. Жаш жигиттер, улгайган адамдар чер жазыш үчүн бильярдга барышат. Анан оюндун жүрүшүндө эле саясатын, бизнесин, пландарын сүйлөшүп, ар кандай маселелерди чечишет. Биз ойлонуп көрүп, чүкө менен бильярд оюндарынын стилин айкалыштырып, чүкөлөрдү столдун үстүнө алып чыкканы жатабыз. Чүкөдө алчы, таа, бөк жана чик позициялары бар эмеспи. Биз алчынын дагы бир аталышын алып, Айкүр аттуу федерацияны түздүк. Эми мындан ары мурда жерде ойнолгон чүкө оюндарынын бардык түрлөрү бильярдга окшоп стол үстүндө ойнотулмакчы. Оюн салондорунда бардык шарттар түзүлгөндүктөн чүкөгө кызыккандар келип ойногон сайын бара-бара популярдуулугу да артат деген ниеттебиз. Шаардагы бильярд салондоруна жок дегенде бирден айкүр столдорун коёбуз. Келген кишилер биздин кыйыр, үч тапан, калды сыяктуу чүкө оюндарын ойношуп чер жазса деген максат. Оюндун эрежелери столго ылайыкташтырылууда. Мисалы оюн алдындагы саламдашуулар, өзүн алып жүрүү эрежелери кыргыздын улуттук салттарынын негизинде болмокчу. Себеби айкүр ар бир эрежеси, кыймыл-аракеттери кыргыздын маданий баалуулуктарын жана көчмөндөрдүн салттарын камтыган интеллектуалдык, көңүл ачуучу оюн болуп эсептелинет.

img_0158

Эмне үчүн улуттук оюндарыбыздын арасынан дал ушул чүкө оюнун тандадыңыздар?

Чүкө оюнун азыр жалаң эле жаш балдар ойноп, чоңдор арасында популярдуулугу жокко эсе болуп калган. Анын себеби – көчө-көйдө, чаң жерде ойнолгондугунда. Чоң кишилер ысыкта, же суукта көчөдө ойной албайт, курсактуулар эңкейе албайт, классикалык кийим менен улам отура калып, эки жакка басып ойноо мүмкүн эмес. Ошондуктан чүкө оюндары жалаң эле жаш балдарга таандык болуп, чоңдор арасында көп ойнолбой калды. А бирок чүкө оюндарында кызыктуу стол оюндарына таандык бардык өзгөчөлүктөр бар. Анан дагы негизи эле тарыхты карап көрсөк чүкө оюндарынын кыргыз маданиятында аябай олуттуу орду бар. Жерде ойнотуу менен канчалык аракет кылсак да дүйнө жүзүнө таанытуу мүмкүн эмес экен. Анткени чоң кишилердин көпчүлүгү жогоруда айтылган себептерден улам жерде ойногусу келбейт. Эмне үчүн бильярд дүйнөгө тарады? Себеби бул оюн оюнчуларга комфортту түзүп берген. Адамдар кыйналбай, аба ырайына карабастан, каалаган нерсесин жеп-ичип, көп убакыт ойной берет.

Чүкө оюндарын дүйнөлүк деңгээлге алып чыгабыз деген максатыңар бар экен. Буга кандай аракеттер көрүлүп жатат?

Алгач пландарды ишке ашыруунун алдында бир топ жолу тестирлөө өткөрдүк. Тайпаларга бөлүнгөн адамдарга жаңыланган эрежелер менен оюндарды ойнотуп көрдүк. Алардын барынын кызыгуусу артып, жакшы пикирлерин айтышты. Бул оюндун келечеги бар экендигин билдирет. Негизи чүкө оюндарынын жыйырмадан ашык түрү бар экен. Биз азырынча 3 түрдү тандап, ошолордун үстүндө иштөөдөбүз. Себеби бардык түрүн бир мезгилде иштеп чыгуу, эрежелерин столго ыңгайлаштыруу көп убакытты талап кылат. Бирок Айкүр федерациясы оюнду толугу менен иштеп чыгат. Ошондой эле 21-сентябрда Бишкек шаарында айкүрдүн бет ачары болот. Ал жерге кыргызга таанымал аттуу-баштуу инсандар, саясатчылар, ишкерлер жана спорт чөйрөсүндөгү инсандар келет. Аларга чүкө оюндарын колдоп, бардык катмардагы адамдардын ойноосуна өбөлгө түзүп, дүйнөлүк деңгээлге алып чыгуу тууралуу маалымат жеткирели деп жатабыз. Элиталык оюн катары таанытуу максатында чүкөлөрдү алтын түскө боёдук. Ошондой эле жакында Казакстанда да Айкүр федерациясы ачып, андан кийин Орусия, Түркия сыяктуу өлкөлөрдө да иш жүргүзүү пландарыбыз бар. Негизиги максатыбыз — дүйнөлүк Айкүр федерациясын ачууга жетишип, чүкө оюндарын дүйнө жүзүнө жайылтуу.

Айкүр федерациясы расмийлештиби?

Азыр иш-чаралар мамлекеттик деңгээлге чыкпастан, федерация деңгээлинде гана турат. Бирок буюрса кийинки жылы Мамлекеттик спорт агенттиги менен бирге өлкө чемпионатын өткөрөлү деп турабыз. Буюрса ошол мезгилден баштап расмий түрдө мамлекеттик деңгээлге чыкмакчы. Ошондой эле кийинки жылы өтө турган Манас оюндарынын жана Көчмөндөр оюндарынын программасына киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатат.

Азат АКАЕВ

Булак: Де-Факто

Света Тойгонбаева, айтымчы, төлгөчү: “Кашкар Жунушалиев кызматка күтүлбөгөн жерден келсе, ойдо жок жерден кетет”

Бакиевдер бийликтен кара дубанын күчү менен кеткенин, Ислам Каримовдун каза болоорун, Нариман Түлеевдин түрмөдөн чыгарын айткан, төлгөсү төп келген төлгөчү, көзү ачык Света Тойгонбаева менен баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

Ички иштер министрлигине министр болуп дайындалган Кашкар Жунушалиев министрлик кызматка күтүлбөгөн жерден келсе, ойдо жок жерден кызматы менен кош айтышат. Анткени, канчалык иштейм деп жанталашпасын ишинен майнап чыкпай жатат. Анын ордуна жашыраак адам министр болуп дайындалат.

Булак: “Асман+”

Бабанов-Ташиев тандемин ким бузду?

Бийликтин Баш мыйзамды өзгөртүү аракетине байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев менен анын мурдагы санаалаштарынын ортосунда ажырым күчөп баратат. Коомчулукта Өмүрбек Текебаев өңдүү үлкөн саясатчынын катуу билдирүүлөрүнө укуктук баа берилиши керектиги айтыла баштады. “Саресеп” гезити ушул темада мурдагы маданият министри, “Ата-Журт” партиясынын лидерлеринин бири Нурлан Шакиевди сөзгө тартты

Соңку саясий окуялар боюнча “Ата-Журт” партиясы кандай көз карашта?

Акыркы убакта саясий абалды “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев абдан курчутуп жиберди десек болчудай. Коомчулук аны чоң саясатчы катары кабыл алат. Ал катардагы эле бирөө эмес, тажрыйбасы мол, саясатта үлкөн орду бар адам. Ошондой эле парламенттеги фракция жетекчиси, көпчүлүк коалиция мүчөсү. Андыктан анын айткандары олуттуу мааниге ээ. Текебаевдин өзгөчө “мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаев боюнча президентти айыптаганы катуу талкууга түштү. Ошол себептүү Текебаевдин маалыматтары терең иликтениши шарт. Бул жааттан алып караганда “Ата-Журт” партиясы болуп аткан окуяларды четте карап турбайт. Биз Текебаевдин айткандары боюнча көз карандысыз коомдук комиссия түзүүнү сунуштап жатабыз. Комиссия мунун баарын иликтеп чыксын. Анткени эл кимдин чын, кимдин жалган айтып жатканын билиши керек. Кайым айтышуу улана бере турган болсо коомдо чыңалуу жаралат. Мунун аягы кейиштүү кесепеттерге алып келиши ыктымал. Дагы айтып кетүүчү жагдай, коомдук комиссиянын курамына мурдагыдай “дүжүргө” айланган саясатчылар эмес, ой-чабыты кенен жаш саясатчылар тартылса акыйкат бүтүм чыкмак.

Ушул кайым айтышуулардын башаты Баш мыйзамга барып такалууда. Ага өзгөртүү киргизилиши керекпи?

Конституцияны өзгөртүү керек. Анткени, ал ошол кездеги кырдаалга жараша шашылыш кабыл алынып калган. Аны келечектин Конституциясы деп айтууга болбойт. Андыктан сөзсүз өзгөртүү киргизип, кабыл алуу зарылдыгы турат. Кайсы бийлик болбосун өзүнө ылайыктап Баш мыйзамды өзгөртүп жазып алганы биздеги эң чоң катачылык болууда. Бул бийлик кеткенден кийин деле кийинкиси келип өзүнө ылайыктуу болгон Баш мыйзам жазууга киришет. Себеби, Кыргызстанда бул өнөкөт адатка айланды. Эми мындайга жол бербөө үчүн болочок үчүн иштей турган Конституция жазышыбыз керек. Ошондо гана өнөкөт токтойт деген ойдомун. Бирок азыркыдай шашылыш, чукул өзгөртүү кажет эмес. Укук коргоо тармагындагы адистер, тажрыйбалуу юристтер, эксперттердин катышуусунда конституциялык кеңешме түзүп, кенен-чонон, керек болсо жарым жыл убакыт ичинде шашпай, ийне-жибине чейин терең талкуулап, келечектин Баш мыйзамын жазганга эмнеге болбосун?

Баш мыйзамга сунушталып жаткан азыркы өзгөртүүлөрдүн эмнеси менен макул эмессиз?

А дегенде эле премьер-министр жана анын орун басарлары депутаттык кызматтан барган болсо, мандаты сакталат деген жобого караманча каршымын. Мындай болгон учурда өкмөт башчы эч кандай жоопкерчиликти сезбейт, эч качан коркпойт. Себеби, премьерликтен же орун басарлыктан кетсе кайра депутат болуп отурат да. Бул биринчи жагы. Экинчиден, аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлиги аралашып калып атпайбы. Булардын экөө тең өз алдынча институт болгондуктан, бул эреже алынышы керек. Ушул сыяктуу оркойгон кемчиликтер бар.

Жогорку Кеңештеги “Республика – Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдү колдоп жатат. Бул “Ата-Журттун” позициясын билдирбейби?

Шайлоо алдында биздин партия өз долбоорун элге сунуш кылган. Анда Конституция кандай болушу керектиги камтылган. Ага ылайык, эң оболу башкаруу формасы президенттик болушу керекпи же парламенттикпи деген суроону кабыргасынан коюп, тандап алалы дегенбиз. Ошондон кийин гана Баш мыйзам жазылышы керек деген пикирде болчубуз. Мындан тышкары, шайлоо алдында биздин долбоордо бир топ эрежелер бар болчу. Маселен, прокуратураны жоюп, анын милдетин Адилет министрлигине жүктөө сунушталган. Азыркы кезде Өмүрбек Бабанов колдоп жаткан өзгөртүүлөрдөн ушул позициялардын бирин да көргөн жокмун. Ошол эле маалда баса белгилеп кетчү нерсе, парламенттик шайлоо алдында биз эки палаталуу парламент болушу керек деген ураан менен чыкканбыз. Биздин демилге боюнча, Жогорку Кеңеш Эл өкүлдөр жана Мыйзам чыгаруу палатасына бөлүнүшү керек эле. Ушул айтылгандардын баары жок экенине карабай Бабановдун өзгөртүүлөрдү эмне себептен кубаттап жатканы түшүнүксүз. Анын шайлоо алдында башка нерсени айтып, жеңишке жеткенден кийин ою өзгөрүлүп калганына таң калуудамын.

Ошондо Бабанов-Ташиев тандеми бузулдубу?

Кагаз жүзүндө, юридикалык жактан тандем бар. Бирок иш жүзүндө жок. Азыр келишимде аткарылбай жаткан жагдайларды арай көз чарай талкуулап, аныктап чечип алуу жагы гана калды. Укуктук жактан бул нерсеге чекит коюу керек. Учурда фракцияда 28 депутат болсо, “Ата-Журттун” квотасы менен 10 депутат иштеп жатат. Бирок алардын канчоосу биздин партиянын көз карашын, саясатын колдой турганы так эмес.

Тандемди ким бузду? Эмне себеп болду?

Башында бир топ келишимдер түзүлгөн. Бирок анын көбү аткарылган жок. Ошол себептүү тандем ыдырады. Анын баарын биригүү жокко чыгарылганын расмий жарыялагандан кийин айтабыз.

Парламенттин ишине берген бааңыз кандай?

Менимче, парламент үчүн 120 депутат өтө көптүк кылат. Алардын санын 105ке түшүрүү керек. Анын 60ы мыйзам чыгаруу, 45и эл өкүлдөр палатасына мүчө болуп же 60 депутат партиялык, 45 депутат бир мандаттуу тизме менен аймактардан шайланууга тийиш. Антпесе аймактагы көйгөйлөр көтөрүлбөй калууда. Партияга ар кандай адам кирип кетет экен. Мисалы, бир аймактан онго чукул адам депутат болуп шайланып, бир жерден таптакыр эч ким жок болуп калган учурлар бар.

Эми кепти акыркы маалда саясаттан кийин эле орчундуу маселе болуп турган чек арага бурсак. Аксы районунда кыргыз-өзбек чек арасына байланышкан талаш-тартыштар тынымсыз эле орун алып келүүдө. Буга чекит коюлбай жаткандыгынын себеби эмнеде?

Биринчиси, жогорку бийлик жетиштүү иш-аракеттерди көргөн жок. Ошондой эле жергиликтүү бийликтин шалаакалыгы себеп. Анткени жогору жакты эле карап отура бербей райондук жана облустук бийлик, Чек ара кызматы катуу иштеш керек болчу. Маселен, мурда мындай маселелерди кадыр-барктуу аким, губернаторлор эле чечип койчу. Бүгүнкү күндө начар аким, губернаторлор бийликте отурат. Алар эч кандай сүйлөшүү жүргүзбөй жогору жактын оозун тиктеп отура беришет. Мындай учурлар буга чейин деле көп болгон. Мисалы, Бекмамат Осмонов, Шермамат Осмоновдордун убагында кездешкен. Алар жогору жакка жеткирбей эле чечип коюшчу да. Райондук, облустук бийлик башында күчтүү, кадыр-барктуу адамдар турганда мындайга жол берилмек эмес.

Кыргыз-өзбек чек ара көйгөйүн президенттердин сүйлөшүүлөрү гана чече алат деген пикирлер көп айтылып жүрөт. Жогорку деңгээлдеги аракеттерди баштоого эмне жолтоо болууда?

Негизинен Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аралардагы талаштуу аймактардын баарын президенттердин деңгээлинде чечүү зарыл. Бирок ага чейин убакыт бар. Чек ара кызматы, өкмөттүн алдындагы делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча иш алып баргандар дыкат иштөөсү зарыл. Алар баарын даярдап бүткөндөн кийин мамлекет башчылар сүйлөшүүгө чогулат.

Дарыя Мурат кызы

Булак: Саресеп

Айбек Байымбетов: "Кытайлар - акылман, иштерман, мекенчил калк"

Кыргыз жаштарынын көбү Европага, Америкага агылып, батыш жашоосуна тартылып жаткан учурда биздин каарманыбыз Айбек Байымбетов чыгыш маданиятын изилдөөнү тандап алган. Ал бардык тоскоолдуктарга көз жумуп, Кытайга өз алдынча кеткен. Улуу кытай элинин философиясын өздөштүрүп, руханий-маданий алака түзүүнү, тажрыйба алмашууну максат кылган. Саякатчы жигитибиз Кытайдын биз билбеген тараптарын ачып берди.

Кытайга өз алдынча кетүүгө эмне түрткү болду?

Чыгыш маданиятына башынан эле кызыгып жүрчүмүн. Кыргызстанда магистратураны бүткөндөн кийин тез аранын ичинде Кытайга кетүүнү чечтим. Негедир кытай тилин өздөштүрүүнү кааладым. Эч кандай программага же университетке тапшырган жокмун. Мага ушундай жол кызыктуу болду. Бир четинен авантюрист саякатчы катары белгисиздиктин өзү мага кызык сезилди. Болгону бул жактан Кытайды жакшы билген таанышым менен акылдаштым. Ал кайсы шаарга барууну айтып берди. Түндүк Кытайдын Иньчуань шаарына сапар алдым. Бул менин жеке руханий-маданий талабымдан келип чыккан муктаждык болду. Өзгөчө иероглифтик система да кызыктырды. Ал кандай иштейт, кандайча чечмеленет, алардын бөлүнүшүн, жолдорун үйрөнүп-билгим келди.

Түндүк Кытайдагы жашооңуз кандайча башталды?

Иньчуанда университеттин базасында чет элдиктер үчүн кытай тилин үйрөтүү борборуна тапшырдым. Бир жыл болушунча аракеттенип, кытай тилин үйрөндүм. Ошол эле учурда Кытайдын ичинде саякаттоону да таштаган жокмун. Элдин маданияты, жашоодогу баалуулуктары менен таанышып, көптөгөн жерлерин көрдүм. Кытай да менталитет жагынан түндүк жана түштүккө бөлүнөт. Ар бир провинциянын өзүнүн диалекттери бар. Кээде кытайлыктар бир эл болуп турушса да бири-бирин түшүнбөй калган учурлар кездешет. Бирок ошонун баарын бирдиктүү адабий тилге бириктирип коюшкан. Аны “путунхуа” же “байхуа” деп коюшат. Мамлекеттик тил болуп эсептелет. Чет элдиктер да мына ушул тилди үйрөнүшөт. Андан кийин ушундай эле жол менен Түштүк Кытайга кеттим.

Тажрыйба топтоп алгандан кийин ал жакта бир аз жеңилирээк болгондур?  

Түштүк аймактын Гуанчжоу деген шаарын тандап алдым. Бул Кытайдагы эң чоң шаарлардын бири. Экономикасы өнүккөн шаар. Бизге техника, эмеректер, кийим-кечек көбүнчө ушул шаардан келет. Интернеттен ар кандай форумдар аркылуу издеп, Түштүк Кытай технологиялык университетине токтолдум. Бул жактан да кытай тилин үйрөтүү борборуна тапшырдым. Бир жарым жылдан ашыгыраак окудум. Кытай тилин мыкты өздөштүрдүм деп айта албайм, бирок өз алдымча баарлашууга, билим алууга жеткендей деңгээлде үйрөнө алдым. Кытай тили оор болгондуктан дүйнөлүк тилдерден кадыресе айырмаланат. Ошондуктан жакшы деңгээлде өздөштүрүү үчүн беш жылдай окуш керек. Бул шаар Кытайдын кайнап аткан очогу болуп саналат. Өнүккөн, заманбап, жаңы Кытай мына ушул түштүк аймакта жайгашкан деп айтса болот. Климаты субтропикалык, флорасы, фаунасы да өзгөчө. Окуп бүткөндөн кийин Шеньчжень шаарында бир жылдай иштедим. Ал жерде электрондук товарлардын баары чыгарылат, бизде сатылып жаткан уюлдук телефондор дал ушул шаарда өндүрүлөт.

Кытай элинин маданияты эмнеге негизделген?

Кытай маданиятын өтө терең, көп кырдуу деп айтса болот. Биз кыргызстандыктар Кытайды бир көз караш менен көрүп көнүп калганбыз. Чындыгында Кытай көп кырдуу мамлекет. Дүйнөгө өзүнчө көрк, кызыктуу боек берген өлкө деп айтсак болот, маданияты өзүнө тартып турат. Кытай эли акылман, философиясы терең, байыркы улуу эл. Кыргыздар да улуу элбиз дегенибиз менен биз көчмөндүн көз карашын, философиясын жаратканбыз. Ал эми кытайлар отурукташкан цивилизациянын философиясын жараткан. Мындайча айтканда, дүйнөдө көчмөндөр менен отурукташкан элдердин акылмандуулугун түрк тилдүү мамлекеттер жана кытай эли сактап келет. Бул эки эл бири-бири менен руханий-маданий алака түзгөнү, тажрыйба алмашканы кантип кызыктуу болбосун?!

img_1937-1

Байыркы Кытайдын философиясы кандай?

Кытай диний мамлекет болуп саналбайт. Булар Конфуцийдин жазып кеткен эрежелери боюнча жашашат. Эң башкы баалуулугу ата-энени сыйлоо болуп саналат. Мекенге болгон берилүүсү күчтүү. Ошол эле учурда байлыкка болгон умтулуу да күч экени байкалат. Менимче кээде ошол нерсе бардыгын басып койгондой сезилет. Бул менин жеке байкоом.

Кытай эли сизди эмнеси менен таң калтырды?

Окууга кеткенге чейин эле Кытайга барып-келип жүрдүм. Ошондуктан бир нерсеге катуу таң калуу болгон жок. Күнүмдүк турмуштан айта турган болсок, алардын тамактануу маданияты бөлөк. Кээде туруп көңүлүңдү айнытып кое турган нерселерди жасап коюшат. Адам менен мамиле курууда маселени бетке айтышпайт. Кыйытып отуруп жеткиришет. Кийинүү маданияты да эстетикалык жактан өтө деле ойлонуштурулган эмес. Кытай эли көп эмеспи, ошондуктан мындай-тигиндей деп айтыш бир четинен туура болсо, бир четинен туура эместир. Саны көп элдин, ошого жараша маселеси да көп болот.

Ашканасына кантип көндүңүз?

Түндүк Кытайда көбүнчө камыр тамактарды жешет. Түштүк Кытайда күрүч, жашылча-жемиштерди көп пайдаланышат. Кытайлар кыймылдагандын баарын жейт деп өздөрү деле тамашалап айтып коюшат. Негизи эле Кытайдын ашканасына биз анчалык ооп кете албайбыз. Ошондуктан нейтралдуу тамактарды жеп жүрдүм. Башында барганда көпчүлүк студенттер тамак-аштан кыйналышат. Нан жок, эт даамдуу эмес. Уйгур, дуңган, түрк ашканаларынан тамактанууга туура келет.

Кытайда жашоо сиз үчүн кымбатка турган жокпу?

Кытайда баалар биздикинен олуттуу айырмаланат деп айта албайм. Мисалы, 80 сомго көп түрдүү болбосо да, тое тамактанса болот. Курулуштар каттуу өнүккөндүктөн, имараттар көп. Барып жашайм десең, көйгөй болбойт. Тандооңо жараша турак жайлардын баалары айырмаланып турат.

Кытайда мыйзам бузгандар катуу жазаланарын билебиз. Ушул жагынан корккон жоксузбу?

Бизде бир эле максат — бул маданият менен таанышуу, тажрыйба алмашуу. Студенттер жөн гана барып, окуп-үйрөнүп келишет. Бирок мыйзам бузсаң, жазасын аларыңда шек жок. Мисалы, 50 граммдан ашык баңгизат менен кармалсаң, ошол жакта өлөсүң деген кеп. Кытайда минтип тартипти катуу кармабаса болбойт.

Элвира АКИМОВА

Булак: Де-Факто

Мавлян Аскарбеков, «Референдумга жол жок!» кыймылынын координациялык кеңешинин мүчөсү: "Бардыгына бийлик өзү түрткү берип жатат"

Башмыйзам өзгөрөт дегенден бери саясатта абал тынч эмес. Элге аты чыккан саясатчылар, коомдук ишмерлер, юристтер, кызматкерлер, айтор, кайда караба эки жээкке бөлүнүп калды. Ушундан улам «Референдумга жол жок!» кыймылынын координациялык кеңешинин мүчөсү Мавлян Аскарбеков менен байланышып «Бийлик болбой эле референдумга карай кете берсе көтөрүлүп чыгасыздарбы? Бул аракетиңер Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч жаратат деп коркпойсуздарбы?» деген суроо менен кайрылып төмөнкүдөй жооп алдык:

КР Конституциясында «Бийлик ээси эл» деп так жазылып турат. Коомдук угуулар эл үнүн угуу, кеңешүү үчүн өткөзүлөт. Бирок, референдум мыйзамы, Конституцияны өзгөртүү боюнча коомдук угуулар өтпөй, эл үнү угулбай, сиз айткандай бийлик өз билемдик менен болбой эле референдум, Конституцияны өзгөртүү аракети жүрүп жатат. Кечеги күндүн, Акаевдин, Бакиевдин кетирген каталарынан сабак алышпаптыр.

Жогорку Кеңештин депутатын өлтүргөн, күч органдарынын кызматкерлерин барымтага алган, кылмышкер, мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевди ким чыгарды? Сотто иши карала элек, түрмөдөн атайын качырылып, террористтер деп, тирүү кармабай 13 кишини атып салган ким? 2012-жылы жашыруун, казак тарапка Таластан 4,5 миң га жерди, Чүйдөн 800 метр стратегиялык жолду ким сатып жиберди? Экономикалык коопсуздукка чоң зыян келтирген, коррупциянын туу чокусу болгон Кумтөр маселеси эмнеге чечилбейт? Бир нече ирет басып кирип, жарандарыбызды барымтага алып, Ункар-Тоону басып алганда бийлик кайда эле? Бүгүн да биздин Орто-Токой суу сактагычыбызды басып жатат. 6 жылдан бери башкарып, кетээр алдында Конституцияны өзгөртөм деп эл арасына бүлүк салган ким? М.Бакиевдин жерин басып алып, там салып, элди экиге бөлүп, бирине-бирин тукуруп жаткан ким? Бул тизмени уланта берсек болот.

Бүгүн Президенттен баштап, айыл өкмөтүнө чейин КСДП партиясынан, дагы эмне керек, эмне жетишпей жатат? Бул узурпация эмеспи? Ден-соолугу начарлап, физикалык жана моралдык жактан чарчап бүткөн Президент, сый-урмат менен эле, убактысы келгенде тынч өткөзүп берип, эл батасын алып кетип калбайбы? Референдум өткөзүшөбү, Конституцияны өзгөртүшөбү, аягы эл көтөрүлүп, дагы бир ыңкылап болуп кетүүсүнө бул бийлик түрткү болуп, шарт түзүп жатат.

Булак: Саресеп

Азамат Жаманкулов: “Элим мени “патриот бала” деп айткан деңгээлге чыккым келет”

Акыркы учурларда мекени үчүн жан тарткан адамдардын көбөйүшү жагымдуу болууда. Мамлекетибиздин келечегин баарынан бийик койгон патриот мырзаларыбыздын бар экени эртеңки күнүбүздүн жаркын болорунан кабар берет. Кыргыз Республикасынын Туризм департаментинин мүдүрү Азамат Жаманкулов мырза жаш болгонуна карабай бир топ ийгиликтерди багынтканга жетишкен. Жаңы идеяларга бай жаш мүдүр гезитибизге кызыктуу маек куруп берди…

Тажрыйбамды арттыруу үчүн бардым

Өзүм Таластын кулуну болом. Таластагы “Манас” лицейин окуп, алтын медаль менен бүтүргөм. Кийин “Манас” университетинин менеджмент факультетине тапшырдым. Студенттик күндөрүмдү активдүү өткөрдүм. Окуу жайдын дебаттарын, “Сайф” аттуу башкаруучулукка кирүү клубдарын башкардым. Кийин өзүмдүн ишимди ачып Америкага кеткем. 2008-жылы Эл аралык университеттин банктык иш бөлүмүнө тапшырып, ийгиликтүү бүтүрдүм. Университеттен соң тажрыйбамды артыруу, билим алуу үчүн көптөгөн мамлекеттерге барып келдим.

Грузиядагы реформалар абдан таасирлентти

Барган чет өлкөлөрдөн таасир калтырганы Грузия болду. Алардын акыркы күндөрдө жасап жаткан реформаларын жактырдым. Ал жерде сот, милиция, мамлекеттик кызматкерлердин элге жасаган мамилесин, реформаларын, өлкөдөгү сервис күнүнө автоматташтырылып, ылдамдап жатканын көрүп кызыктым. Ал эми маданият жагынан Түркия, өсүш жагынан баары өз ордун таап калган Американын системасы жакты. Технология менен экономиканы бат өнүктүрүү боюнча Түштүк Корея суктандырды. Мындай мамлекеттердин жакшы жактарын алсак болот, бирок ошону менен биргеликте идея жактан бизде дагы көп нерселер бар. Болгону биздеги баалуулуктар менен дүйнөлүк тажрыйбаны топтоп келип аралаштырсак баары жакшы болчудай.

Туризм тармагына жөнөкөй кызматкер болуп келгем

Университетти бүткөндөн кийин жеке ишкерлик менен алектенип жүргөм. Бир күнү инвестициялык фондго чакырып калышты. Ал жерде Кыргызстанга кандай инвестицияларды алып келсе болот деген нерселер менен иштедим. Кийин экономика министрлигинде ушул эле тармак боюнча эмгектендим. Бул аралыкта тааныш байкелерим Дүйнөлүк көчмөндөр оюну болоорун, ага кошулуумду сунушташты. Ал жакта жөнөкөй эле кызматкер элем. Бир айдын ичинде оюнду уюштуруу тобунун башчысы болуп калдым. Ал оюндан туризмдин Кыргызстандын келечеги үчүн канчалык орду чоң экенин түшүндүм. Туризм тармагы маданиятка, экономикага, инвестициялык секторго, адамдардын бир-бирине кылган мамилесине, башка тилдерди, маданияттарды үйрөнүүсүнө чоң өбөлгө болорун билип, кызыга баштадым. Оюндан кийин Кыргызстандагы “Курорттор ассоциациясынын” мүдүрү болуп дайындалдым. Кийин чакыруулар менен туризм департаментине келип, декабрдан баштап башкарып калдым.

Бийликке өз эмгегим менен келгем

Бийликке жетиш үчүн сөзсүз таанышың болуш керек деген нерсеге кошулбайм. Менин жанымда колдоп турган эч кимим жок. Атамдар жөнөкөй эле фермерлер. Алар эч убакта бийликке келишкен, кызыккан дагы эмес. Туугандарымдын арасында бийликте жүргөндөрү бар. Бирок менин бул кызматка келишиме алардын тиешеси жок. Бул орунга өз күчүм жана эмгегим менен жеттим. Ооба, татыктуу адамдар көп болуш керек. Бирок бул жерде ачык бешененин дагы орду чоң. Ошондой эле туризм жаңы, инновациялык сектор болгондуктан, жаңы тенденцияларды, жаңы тилдерди билген, инвесторлор менен сүйлөшө алган адамдар керек болгондуктан мени тандап алышкан десем болот.

Туристтер нан таап берчү адамдар

Кыргызстанда туризм жаңыдан өнүгүп келе жатат. Өлкөбүзгө азырынча көп деле турист келе элек. Келип жаткандары болсо келе турган туристтердин бир эле бөлүгүн түзөт. Мамлекетибиздин кадыр-баркын көтөргөн сайын турист да көбөйөт. Биз Кыргызстанды ошого даярдашыбыз керек. Даярдоо деген кандай? Туристтер биринчи учак менен учуп келет. Демек, учактардын түз каттамы, ыңгайлуу болушу зарыл. Экинчиден, аэропорт канчалык деңгээлде кызмат көрсөтө алат. Үчүнчүдөн, “такси, такси” деп кыйкырып турган айдоочулардын канчалык деңгээлде Кыргызстандын тарыхы жөнүндө маалыматы бар, алар келген туристтке өлкөсү жөнүндө айтып бере алабы? Мына ушулар маанилүү. Анткени туристтерге биринчи жолуккан адамдар булар таксисттер. Андан тышкары, ресторандардын, мейманканалардын, жолдордун деңгээли да көйгөй болуп эсептелет. Биз бул маселелерди чечишибиз керек. Коопсуздук маселеси да чоң көйгөй. Өзүңүздөр билгендей, буга байланыштуу бир топ окуялар болуп өттү. Ошол себептен биз өкмөткө туризм тармагына көңүл буралы, ар бир туристтин маанилүүлүгүн элдин аң-сезимине жеткирип, алардын салым кошуп жатканын түшүндүрөлү. Эгер бүгүн туристтин машинасын сүзүп койсо, эртең үйүндө наны жок калаарын эл билишсин деген ойдобуз.

Эл “Патриот бала” деген деңгээлге чыксам дейм

Кичинемде дарыгер болгум келчү. Кийин чоңойгондо башкаруу системасында иштөөнү жактырып калдым. Азыркы учурда ушул күнгө чейинки ойлогон максаттарым аткарылды. Алдыда мындан да чоң максаттарым бар. Кээ бир кайдыгер жаштарды, туура эмес жасалып жаткан иштерди көрүп алып өкүнгөн учурларым болот. Кыргызстандын тагдырына балта чабылган учурларды көрүп алып кейийм. Патриот адам элин-жерин сүйгөн, жерине кыянаттык кылбаган адам деп эсептейм. Мен мекенимди сүйөм, эгер кете турган болсом качан эле кетип калмакмын. Эл мени “патриот бала” деп айткан деңгээлге чыксам дейм.

“Мага бийлигиңдин кереги жок”

Ар бир адамдын устаттары болот. Менин да устаттарым бар. Алар өзүмдүн иштөө багытымдагы адамдар. Керектүү учурда колдоп, кеп-кеңештерин берип турушат. Апам баардык энелердей эле эл башкарган лидер болуумду каалачу. Ал ар дайым “Кандай гана коомго туш келбе, кандай гана элдин арасында болбо өзүңдү татыктуу алып жүр. Душман менен да, дос менен да мамиле түзгөндү бил” дечү. Атам “Сенин министрлигиң, бийлигиң мага кереги жок. Болгону туура адам болсоң болду. Элдин алдында мени уят кылбасаң болду” деген сөздөрдү көп айтат. Ошого татыктуу болсом дейт.

Урматтоо жок болсо иш жүрбөйт

Ар бир адамдын мүнөзү бар. Ошол мүнөздүн оң жана терс жактарын, кайсы адамга кандай мамиле жасаса туура кабыл аларын билиш керек. Бирөөгө катуу айтсаң угат, бирөөгө жумшак дегендей. Башкаруунун өзүнүн таланттары бар. Бул жерде менин кол астымда өзүмдөн улуу кишилер көп. Алар менен да мамиле түзө билиш керек. Алар сени урматташы керек. Болбосо иш жүрбөйт. Ар бир мамиледе ошол мамиленин өзөгүн табуу зарыл. Мен ошол өзөктү тапканга аракет кылам.

Мен тагдырга ишенем

Учурда бойдокмун. Кыргызда бала үйлөнбөй калса эле ар жактан жаалап үйлөнткөнгө аракеттене башташат. Өзүм аябай принципиалдуу кишимин. Өз оюма туура келгенче эч нерсе жасабайм. Жумуш убактысына убактымдын баарын арнап жүрүп жеке турмушум артта калды. Ооба, кийин буга өкүнүп калышым мүмкүн. Бирок анын ордуна жасап жаткан иштериме, жеткен натыйжаларыма эч качан өкүнбөйм. Мен тагдырга ишенем, ошол тагдыр мага бир күнү жолукчу адамымды алып келет болуш керек.

Кыргызстан деген ат ар бир ооздо угулду

Көчмөндөр оюнунун эки чоң максаты бар эле. Биринчиден кыргыз эли үчүн өлкөнүн төрт бурчун бириктирүү форматы. Оюн туралуу мамлекеттин ичинен идея жаралып, анын үстүнөн бир дагы жаран калбай күрөшкөн учур болду. Баарыбыз билгендей күрөшкөндө биригет. Ошол биригүү форматын биз оюн учурунда көрдүк. Он миңдеген стадиондордо, Кыргызстан деген аттын ар бир ооздо угулушу, элдердин ушунчалык Кыргызстан жөнүндө сүйүнүп, мекени туралуу ичинде намысы пайда болуп жатты. Көчмөндөр оюну улуттук оюндарга өздөрүн көрсөткөнгө чоң аянт болуп берди. Америкалыктар келип суктанып “Ушундай укмуш оюндарыңар бар турбайбы. Эмне үчүн көрсөтпөйсүңөр? Эмне үчүн биз аны ойнобойбуз?” деп айтышты.

Бул оюнда маалымат жагынан аксоолор болду

Көчмөндөр оюунун биринчисинде байкалган чоң кемчилик ипподром маселеси болчу. Анткени 7000 кишилик ипподромго эл батпай, дааратканалар, суулар жок болчу. Ошолордун баарын эске алып, бул оюнга аябагандай чоң эл аралык стандарттагы, ичинде баардык шарттары менен ипподром салынган. Быйыл болгон иш-чарадан дагы баарыбыз чогулуп, кандай кемчиликтер кеткенин талкууладык. Быйылкы чоң кемчилик түзүлбөгөн шартка ылайык Кырчын жайлоосунда болуп калды болуш керек. Коомдук дааратканалар, суулар, маалымат тактайларынын, брошуралардын көп жерде таркатылбаганы белгилүү болуп, маалымат жактан аксап жатты. Келээрки оюнда буларды эске алабыз.

Көчмөндөр оюну Бразилиядагы карнавал, Испаниядагы корида сыяктуу болот

Эми болсо олимпиадалык оюндар сыяктуу этно оюндар деген башка форматты өнүктүргөнү жатабыз. Дүйнөлүк көчмөндөр оюну чоң туристик фестиваль катары Кыргызстанда калат. Дүйнө эли эки жылда бир келип, көчмөндөр турмушун ушул жерден көрөт. Көчмөндөр оюнуна 2016-жылкыдай кылып, чоң акча коротпошубуз мүмкүн. Бирок кийин туруктуу болуп калса, элдер бул жылы мен Кыргызстанга барам деп билип калат. Бул нерсе Бразилиядагы карнавал, Испаниядагы корида сыяктуу болот. Ошол себептүү оюн туристик фестиваль сыяктуу улантылат. Бирок спорт менен маданият бирге жүрөт. Ал эми дүйнөлүк этно оюндар олимпиада сыяктуу дүйнө кыдырышы мүмкүн. Мен ойлойм Көчмөндөр оюну кийинчерээк спорттук жагынан өз актуалдуулугун жоготушу мүмкүн. Себеп дегенде этно оюндар дүйнөлүк спорттордой укмуш оюндар эмес. Бул көбүнчө маданият менен жуурулушкан спорт. Алсак кушчулар деле жыл сайын ар өлкөнү кыдырышат. Аларга бири-бири менен мелдешүү кызык эмес. Аларга оюнду, маданиятты көрсөтүү, бири-бири менен таанышуу кызык. Бирок көчмөндөр оюндарынын өз оюндары калат. Ошолорду көргөнү туристер келет.

Булак: Саресеп

Кыргызстандын мусулмандары ваххабиттик-салафиттик, экстремисттик-террористтик уюмдун көзөмөлүндө

 

Кыргызстандын муфтияты, ислам дининин өкүлдөрү өз диний иштерин айрым чет өлкөлүк уюмдардын негизинде жана колдоосунда алпарып жатышат. Мечиттердин көбү Саид Баюми жетектеген “Мусулман жаштарынын эл аралык ассамблеясынын” (WAMY) финансылык каржылоосу менен курулган. Бул уюмдун эл аралык террористтер менен, “Аль Каида” уюмунун маркум жетекчиси Усама бен Ладен менен тыкыс байланышы бар деген маалыматтар көп. Ассамблеянын АКШдеги төрагасы Абдулла бен Ладен Усама бен Ладендин  бир тууганы жана “Мусулман жаштарынын эл аралык ассамблеясы” (WAMY) АКШдагы 2001-жылы 11-сентябрдагы террактка тиешеси бар экен деген маалыматтар да бар. АКШда Бен Ладендердин үй-бүлөлүк бизнеси бар – «Carlyle Group» компаниясы жана ушул эле компанияда АКШнын мурунку 41- жана 43-президенттери, Джордж Буштардын экөөсү да иштеп кетишкен эле. Чет өлкөлүк уюмдардын ичинде «Таблиги жамаат» деп аталган уюм да бар. “Таблиги жамаатты” эл арасында “дааватчылар” уюму деп да аташат. Мечиттердеги көпчүлүк негизги китептери «Таблиги жамаат» тарабынан даярдалып чыгарылган. ««Таблиги жамаати» 1920-жылы (1927-жыл деп да жүрүшөт) уюм катары ДЕОБАНДИ агымынан чыккан Мавлана Ильяс Кандхелевий тарабынан түзүлгөн. Интернет булактарындагы Европа өлкөлөрүндө жүздөгөн адамдардын камак учурундагы жоопторунда «Таблиги жамаат» уюму аркылуу ар кандай кылмыштарга тиешеси бар экенин мисалдабай эле коелу. “Таблиги жамааттын” негиздөөчүсү Мухаммад Ильяс Кандхелевий башында Деобанди агымынын көрүнүктүү мүчөсү болгон. Деобанди агымы ваххабиянын идеясына жакын болгондуктан «деобанди-ваххабия» деп атагандар да бар.

«Таблиги жамаат» Тажикстанда, Түркмөнстанда жана Өзбекстанда экстремисттик-террористтик уюм катары таанылган. Медина жана Меккенин 32 уламасы тарабынан 1982-жылы 29-октябрда Африкада (Дарбен) «Таблиги жамаатты» (дааватчыларды) каапыр деген фатва-токтом чыгарылган болчу» . Кошумчалай кетейин: Россияда жана Казакстанда дагы «Таблиги жамаат» уюму экстремисттик-террористтик уюм катары таанылган. Кыргызстан «Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна» (ЖККУга) («Организация Договора о Коллективной Безопасности») «ОДКБ»ге мүчө болуп киргендиктен жана ЖККУга («ОДКБ»ге) кирген коюшу мамлекеттерде, Россияда, Тажикстанда, Түркмөнстанда, Казакстанда «Таблиги жамаат» экстремисттик-террористтик уюм катары таанылгандыктан, Кыргызстан дагы «Таблиги жамаатты» экстремисттик-террористтик уюм катары таанышы керек же жок дегенде даават иштерин реформа кылышы керек.

Диний даават иштерин аткаруу үчүн адам ошол ишке даяр болушу керек. Эң башкысы, даават кылган адамдын диний илими жогорку деңгээлде болушу керек. Андай диний жактан жогорку илимге ээ болгон адамдар Кыргызстанда саналуу гана. Жана ошондой эле диний даават иштеринде мамлекеттик органдар диний дааватчыларды албетте көзөмөлгө алышы керек, анткени алар даават кылабыз деп ар кандай терс, радикалдык көз караштарды да жайылтышы мүмкүн. Бекеринен бизде айтылбайт го «Чала молдо дин бузат» деп. А бүгүн болсо «Таблиги жамаат» уюму динге жаңы эле келген, дин жагынан сабатсыз адамдарды даават иштерине түртүүдө. Ушул туурабы? Жок, жаңы эле динге кирген адам кантип башкаларга дин тууралуу жогорку деңгээлде, так, туура айтып бере алат, эгер өзү эч нерсе билбесе? Эгер дин тууралуу жогорку окуу жайларынан илим-билим албаса, эгер аны мамлекет көзөмөлдөбөсө ал кандай багытка, жолго алып барышы мүмкүн? Бүгүн «Таблиги жамаат» тарабынан дааватка чыккандардан көбү башка адамдарга дин тууралуу маалымат жеткирүү үчүн эмес, диний даават кылуу үчүн эмес, алар эң алгач өздөрүн тарбиялоо үчүн, жаман адаттардан кутулуу үчүн, Куран окуганды, намаз окуганды үйрөнүү үчүн дааватка чыгышууда. Эгер дааватчылардын башкы максаты дин таркатуу эмес, адамды мечиттерден тарбиялоо болсо анда бизге андай диний даават уюмунун кереги барбы? Андай диний даават иштерин Муфтияттын жетекчилери, аалымдар аткарышы керек, анткени алардын диний илими жогорку деңгээлде, бирок сабатсыз адамдарды диний даават иштерине жолотпоо керек. Ошондуктан биз, дил жолундагылар диний даават иштерин реформа кылыш керек деп чакырабыз. Тийиштүү мыйзамдар кабыл алынышы керек жана диний дааваттын ордуна таблигичилер адеп-ахлак иштерине өтүшү керек. Бүгүнкү күндө болсо «Таблиги жамааттын» мүчөлөрү, дааватчылар дарбазаларды, батирлердин каалгаларын тыкылдатып көптөгөн адамдардын тынчын да, убакытын да жөн эле алып жүрүшөт.

«Таблиги жамаат» ваххабизм агымындагы уюм. Ал эми «ваххабизм» деген эмне? «Ваххабизм – XVIII кылымда пайда болгон исламдагы диний-саясый кыймыл. Кыймылдын аталышы анын негиздөөчүсү Мухаммад ибн Абд аль-Ваххаб ат-Тамиминин (1703-1792) атынан коюлган. Ал эми Мухаммад ибн Абд аль-Ваххаб болсо Ибн Тамиминин (1263-1328) көз карашын улантуучусу болуп эсептелинет.

Негизи ваххабизм агымындагылар өздөрүн салафит деп аташат. Мухаммад ибн Абд аль-Ваххабдын көз карашы боюнча чыныгы исламды Мухаммед пайгамбардан кийин алгачкы үч муун гана карманышкан жана андан кийин исламга кирген жаңылыктарга ал каршы болуп аларды «бида» деп эсептечү.

Кээ бир этнографтардын көз карашы боюнча ваххабизм – бул салыштырмалуу жаңы агым жана анын (ваххабизмдин) пайда болуусуна бедуиндердин (Арабиядагы көчмөндөрдүн) жашоосундагы социалдык-экономикалык жана саясый шарттарынын начарлоосу болгон. Натыйжада бул жагдай шаар тургундарынын байлыгына жана бай адамдарга болгон көчмөндөр тарабынан нааразычылыкка, каршылык көрсөтүүгө алып келген. Ошондой эле бул кыймыл Түркия менен болгон эркиндик үчүн согушта өз маанилүү ролун аткарган.

(Уландысы бар)

Улан Орозбаев

Булак: “Асман+”

Света Тойгонбаева, айтымчы, төлгөчү: “Абдил Сегизбаевге тымызын тоскоолдуктарды уюштургандар бар”

Бакиевдер бийликтен кара дубанын күчү менен кеткенин, Ислам Каримовдун каза болоорун, Нариман Түлеевдин түрмөдөн чыгарын айткан, төлгөсү төп келген төлгөчү, көзү ачык Света Тойгонбаева менен баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

Бул адамды азыркы кызматынан кетиргиси келгендер көп экен. Бирок өзү колумдан келишинче өкмөт үчүн иштеп берем деп жанталашып иштеп жатат.  Мунун командасындагы  айрым адамдар берилген тапшырманы аткарбай тымызын тоскоолдуктарды жаратып жатышат. Бул бийликте колдоого алынганы менен кызмат менен кош айтышар күнү да келет.

PS. Жолумду ачтырам, келечегимди билем, кара дубаларды жандырам дегендер болсо  0771 066806 номерине байланышса болот.

Асылкан кызы Перизат

Булак: “Асман+”

Кожобек Рыспаев: «Кыргыз арагынан» өткөн таза арак барбы?»

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев ачык-айрым жүргөн адам. Куудулдук жагын айтпай эле коелу, кадимки Күмөндөрдү катыра туурап койгон жайы бар. Эркекче суроолор менен маектешүү максатыбызды айтсак, токтоосуз макул болду. Маек назарыңыздарда…

Кожобек мырза, Жогорку Кеңештин 2 айлык жайкы эс алуусунан чыга калып эле кайра 12 күнгө тарап кеттиңер. 12 күн деп майдаланбай эле, бир жолу 15 күн кылып койсоңор, “эки жарым ай эс алдык” деп ооз толтура айтканга жакшы болбойт беле?

Эми биз 12 күндү эс алуу үчүн бөлгөн жокпуз да. Дүйнөлүк Көчмөндөр оюну башталып калды. Дүйнөнүн булуң-бурчунан конокторду чакырып алып, анан бир топ депутатыбыз Көчмөндөр оюнунда жүрсөк, дагы бир тобубуз кворум кыла албай бул жакта сессия кылат элек деп жүрсөк туура эмес болмок да. Анын үстүнө 12-сентябрь Курман айт майрамы дагы болуп калды, ушул иш-чараларга байланыштуу 12 күнгө жылдырууга туура келди.

Эс алуу демекчи, кайсыл жерде эс алганды жактырасыз?

Өз мекеним Кыргызстанда эле эс алганга эмне жетсин?

Аңчылыкка кызыгасыз да?

Браконьерлер көбөйгөнү кызыкпай калдым. Жаш кезде абдан кызыкчумун.

Эмне аттыңыз эле?

Аркар, кулжа, эчки-текелерди.

Өз колуңуз менен тамак жасаганды жактырасызбы?

Талаа-түздө жүргөндө тамакты өзүм эле жасайм. Мендей даамдуу тамак жасагандар чанда гана кездешет да, чиркин. Ал эми үйдө жеңеңер турганда мен эмнеге тамак жасамак элем?!

«Бир жылда эки жаз болбойт, бекер киши таз болбойт» — деген макалдын чындыгы барбы?

Ушу менин таз болуп баратканым көбүнүн уйкусун бузуп жүрөт. Аларга минтип жооп берет элем, «акылсыз башты ак басат, акылдуу баштан чач качат» — деп.

Жаш кезде капкара чачтуу эле жигит турбайсызбы?

Ооба. Мен Авган согушуна катыштым, ал жерден эмнелерди гана көрбөдүк. Кийин Союз тарап, жетпеген турмуштун элегинде эленип, көп ойлонгондон мээге күч келтирип койгон окшойм, акыркы кездерде күчтүү иштеген мээге туруштук бере албай чачтар кача баштады (каткырып).

Өзүңүз машина айдайсыз да же ар дайым шоопур менен жүрөсүзбү?

Алыс жолго шоопур албасам, көп учурда өзүм эле айдайм.

МАИге кармалган учуруңуз болду беле?

Ой, кечээ эле ушул боюнча “хит” болбодумбу.

Эмне болуп?

Чаламандын чак түшүндө МАИлер кармап алып машинамдын караңгылатылган терезесин сыйрышты го. Аны да жөн сыйрыбай видеокамерага тартышып…

Мандатыңыздын пайдасы тийген жокпу?

Мыйзам баарыбызга бирдей да. МАИ кызматкерлери: «Терезеңизди караңгылатып алганыңыз мыйзамсыз, сыйрыйбыз» дешти, «сыйрыгыла» дедим.

МАИге акча берип кутулган күнүңүз болду беле?

Азыр андай учур боло элек. Депутат болгонго чейин акча берип кутулган учурлар кездешкен. Эми кармап алып эле мыжыкыйланып, ары тартып, бери тартып эзе беришсе тынчыраак кетип калайын деп деле берчүсүн берет экенсин да.

Арактын кайсы түрүн жактырып ичесиз?

“Кожобек аракты жакшы ичет” деп айтыштыбы? Эми ашепке эмес, той-топурда, жакшылык кечелерде ыгы менен ууртап-татып койгонго неге болбосун?!

Кыргызстандын эле арагын ичесизби же чет жердин арактарына артыкчылык бересизби?

Ыя, айланайын «Кыргыз арагынан» өткөн таза арак барбы?

Кызуу болуп алып Жогорку Кеңештин жыйынына катышкан күндөрүңүз болду беле?

Андай болгон эмес, болбойт дагы. Мен трибунаны ыйык деп эсептейм, буга ар бир депутат аяр мамиле кылышыбыз керек.

Үйлөнгөнгө чейин канча кыз менен мамиле кылдыңыз?

Эй, мындай суроолор болбойт да…

Эми таанышкан эле кызга үйлөнбөйсүз да туурабы. Ар бир эркек бери жагы 3-4 кыз менен мамиле кылса керек…

Менде деле болгон. Алам деген максатта эмес, көңүл ачуу, ойноп-күлүү максатында, тагыраак айтканда жаштыктын деми менен 5-6 кыз менен мамиле кылдым го. Эй, ушуну жазбай эле койчу!

Эркекче, калп айтпай, актанбай айтыңызчы, үйлөнгөндөн кийин жеңебиздин көзүнө чөп салган учуруңуз болду беле?

Эмне эле провокациялык маанайдагы суроолорду берип атасың? Жаркылдаган, жакама кир жугузбаган, сүйүп алган супсулуу жубайым турса, башкаларга эмнеге бармак элем?!

Ушуну Куран кармап айта аласызбы?

Айланайын иним, ыйык Куранды ушул сыяктуу майда-барат нерселерге аралаштырбай эле коелу.

Кайсы депутат айымды жактырасыз?

Кандай, саясий багытта айтып атасыңбы? Билбейм, мен үчүн баардык кесиптеш айымдар бирдей эле..

Бешинчи чакырылыштын депутаттары ант берип жаткан күнү «Бир Бол» партиясынан депутат болуп келген Лунара Мамытованы өзгөчө көз караш менен карап жатканыңыздан улам суроо жаралып кетти да…

Эми мындай, жаныбыздан өтүп баратканда караса карагандырмын. Ошол учурду журналисттер кадрга илип алган экен, «Кожобек Лунарага суктанып карады» — деп интернетке чыгарып жиберишпедиби.

Сизди депутат, бай адам катары эсептеп, тийишкен кыздар болобу?

50 жаштан өткөн эркектерге кыздар эмне максат менен тийишиши мүмкүн? Ошол сен айткан эле ой менен тийишсе керек.

Ошентип тийишкендер болгон да ээ?

Ой, андай кыздар толуп жатпайбы, керек болсо кадам сайын кезешет.

Мушташка кандайсыз?

Аябай жакшымын. Азыр эми жаш өйдөлөп, бир аз токтолуп калдым да. Болбосо мага тиешеси жок адамдардар мушташып жатканын көрсөм деле октолуп турчумун. Баягы күлүк аттар чабылганда, төрт аягы тыбырап бери жакта турган буудандай болуп…

Разборканы жакшы кылсаңыз керек?

Жаш кезде спорт дүйнөсүндөгү бир топ балдар менен жоро-жолдош болуп, разборкалардын түрүнө катыштым. Эми азыркы кызмат абалыбыз разборка кылганга жол бербейт. Эл ишенген мандатты, сүйлөп жаткан ыйык трибунабызды сыйлашыбыз керек. Кечээ жакында «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Чиркешович түз эфирге чыгып алып, «Мен эркекмин, Атамбаев сен эркексиңби, анда тап. Таппасаң башкача сүйлөшөм» — деп жалпы журттун алдында бакылдап атат. Ушу кантип болсун? Бул сүйлөгөнүн разборка дебегенде эмне дейбиз? Муну уккан жаш балдар кандай тарбия алат? Кандайдыр бир маселеңер барбы, элдин алдында төш какпай, саясий оюн кылбай башка жерден чечишип алгыла да!

Айрым учурларда кызуу кандуулукка алдырып жиберет дейт, Афган согушунан алган контузиянын кесепети эмеспи?

Мен өзүм табиятымдан ачык-айрым адаммын. Куудулданып жанымдагыларды күлдүрүп, айланамдагыларды шаңга бөлөп жүргөндү жактырам. Кабак бүркөп жүрүү мен үчүн жат көрүнүш. Ал эми кызуу кандуулукка алыдырып жиберет деген сөз бул далилсиз сөз. Кайсыл жерден кызуу кандуулукка алдырып жибергенимди далил менен айтышсын, анан ошого жараша жооп берейин. Жанагы айрым гезиттер жазып жатпайбы, «Элге жек көрүнгөн депутат Кожобек Рыспаев» — деп. Аларга элдин атынан сүйлөгөнгө ким укук берди?

Чүкө ойнодуңуз беле? Чүкөнүн төрт тарабынын аталышын атап бериңизчи?

Аябай ойногом да. Айкур, таа, бөк жана чик.

Турникке канча жолу тартына аласыз?

10 жолу тартынам го.

Ушу салмак мененби, салмагыңыз канча?

Азыркы тапта 103 киллограммын.

Отжиманиядан канчаны жасай аласыз?

30-35 жолу жасайм.

Сизди олимпиада оюндарына жиберебиз десе спорттун кайсы түрү боюнча барат элеңиз?

Эгер мени олимпиадага жибере турган болсо кыргыз күрөш, таяк тартыш дегендер болсо бармакмын. Кашайып оюндун мындай түрлөрү олимпиадага кирген эмес да. Олимпиада оюндарынын азыркы түрлөрү боюнча айтсам, оор атлетика, башкача айтканда штанга көтөрүү боюнча.

Кой сойгонду билесиз да, жиликтерин санап бериңизчи?

Сан жиликке жамбаш, кашка жилик жана чүкөлүү жилик кирет. Кол жиликке кар жилик, далы жана күң жилик кирет. Аны менен катар куймулчак, баш, карчыга, кабырга жана башкалар болуп кете берет.

Уй менен койду сойгондо өтүн кесип алып таштайт, а жылкынын өтүн эмне кылат?

Жылкынын өтүн деле алып таштайт го…

Акыркы жолу качан кир жуудуңуз?

Үйлөнгөнгө чейин жуугам, үйлөнгөнү жууй элекмин. Мындай кийимиме май же башка нерсе таамп калган болсо жууп-тазалап алып кийип кете бергенге өтө жөндөмдүүмүн. Бирок, кир жууй элекмин.

Амантур Мусагул уулу

Булак: Де-Факто

Осунбек Жамансариев, «Эр Теги» коомдук бирикменин төрагасы: "ЖКда коалиция бузулганы турат, көп маселелер мыйзам чегинде териштирилет"

Акыркы учурда саясый кырдаал  мамлекетибизде күчөгөнсүйт. Болуп жаткан окуяларга жооп алуу үчүн серепчилерге, коомдук ишмерлерге бир суроо менен кайрылдык.

– Кыргызстандагы азыркы саясый абал мамлекетти эмнеге алып келет?

– Азыркы Кыргызстандагы саясый кырдаал боюнча айтсам, Башмыйзамга – референдум өткөзүүгө убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү каршы пикирин билдиришкенден кийин эле 31.08.16-ж. Эгемендүүлүк күнү өттү, ошондо Президент ачуусу менен айткан сөздөрү баарыбызга белгилүү… Ушул учурдан баштап ЖК президенттик аппарат болушуп жана башкалары менен талаш-тартыш жүрүүдө, эми мындай көрүнүштү трагедия кылып кереги жок, эркин демократиялык өлкөдө мындай көрүнүш жат эмес деп ойлойм, башка  кошуна мамлекеттерге жомок болушу мүмкүн. Тескерисинче, Башкы мыйзамдын долбоору кызуу талкууланат дейм. Биз жаңыча модель менен туруктуулукка баратканыбызды эстен чыгарбашыбыз керек. Ал эми так айтсак,  ЖКда коалиция бузулганы турат, көп маселелер мыйзам чегинде териштирилет дейм, а Башмыйзамдын өзгөрүшү референдум күнү элдин шайлоосу чечет, референдумдун болоор күнү бир аз нары жылышы мүмкүн. А эл-журтубуз тынч эле болот, болгон маселелерди төбөлдөр жарандык коомду кагыштыруу, талаш-тартыш менен бир чечимге келишет. Бул мыйзам ченемдүү нерсе эркин өлкөдө.

Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча болсо, эки ооз соз менен айтсак, Аткаруу бийлигин күчөтүү жана туруктуу иш алып барышына мыйзам менен бекийт, адамдык фактордон, оюндардан алыстатат. Албетте биринчи сунушталган долбоорду мыкты жана кынтыксыз деп эч ким айткан жок, талкууда өзгөрүүлөр болот деп ишенем. Чоң депутаттык корпус ушундай учурда өздөрүнүн түз жумушун жан дилдери менен көрсөтө алышат деп эл менен бирдикте күтөбүз. Буларга көз каранды эмес жаңы саясый элита мамлекеттик башкарууга келип, калыс, адилеттүү саясат жүргүзүлгөндө гана мамлекетте туруктуулук болот деген ойдомун.

Булак: “Асман+”

Өмүрбек Текебаев, “Ата Мекен” партиясынын лидери: “Атамбаевдин үнү Кудайга жетти окшойт...”

Ажо Алмазбек Атамбаев 31-августта, 25 жылдык Эгемендүүлүк майрамыбызда Убактылуу Өкмөттү катуу сынга алгандан кийин, Өмүрбек Текебаев Максим Бакиевдин жер мүлкүн ажо алганын, Кадыржан Батыров менен жолукканын айтып чыкты. Анан бийлик да Өмүрбек Чиркешовичтин мүлкүн чукуп, “9 оъбектиси бар” деп чыгышты. Өмүрбек Чиркешович болсо 4 эле мүлкү бар экенин айтып, атүгүл журналисттерди алып барып, айткан мүлктөрүн көрсөттү. Бишкектин мэри Алыбек Ибраевдин 32 гектар жери бар экенин, аялынын 100 гектар жери бар экенин, Фарид Ниязовдун 13 участогу бар экенин, баарын кылып жаткан дал ушул аппарат жетекчиси экенин да айтты.  

–Өмүрбек Чиркешович, болгон мүлкүңүздү декларацияда көрсөткөнсүзбү?   

–Декларация десеңер, бир окуя эсиме түшүп кетти. 2012-жылы Өмүрбек Бабанов менен тирешип калганымды жакшы билесиңер. Ошондо экөөбүздүн декларацияны салыштырып жарыяладым. Бабановго караганда мен бай экем. А Бабановдо болсо үйүнөн башка эч нерсеси жок экен. Баймын дегеним, мен чындыкты декларацияга ачык-айкын көрсөтүп атам. Тапканымды жаап жашырбай жазып, салык, соцфондго акча төлөгөнүм менен баймын.

 — Бийликтегилердин көбүнүн мүлкүн ачыкка чыгара баштадыңыз, ажону баш кылып… Эмнеге сиз муну 5 жыл мурун айтпай, азыр айтып жатасыз? Эгерде Алмазбек Атамбаев 31-августта сиздерди катуу сындабаса, анда анын айыбы ачылбай, жабык бойдон калмак экен да. Эмнеге буга чейин айтпай келдиңиздер?

–Туура, көбү тирешүү катары кабыл алып, ушундай суроону берип жатышат. Ал учурда, оор кырдаалда айтууга мүмкүн эмес эле. Өлкөгө стабилдүүлүк керек болчу. Роза Исаковна президент болсо, Атамбаев премьер-министр болуп турду. 2011-жылы президент болуп калды. Ошол кезде бу сөздөрдү айтып чыксак бийлик алсызданып, Атамбаев авторитет алмак эмес. Ал учурда күчтүү бийлик, авторитеттүү президент керек болчу. Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү ушул кезге чейин тилин тишине катып,Батыров менен Атамбаевдин ортосундагы мамилени билсек да айтпай келгенбиз. Бир жыл калды, сый кетсин деп сыйлап келдик. Атамбаев болсо сыйдан кетип, акыркы тарыхыбызды жамандап, берген убададан кетти.

–КТРдин бир жактуу көрсөтүүсү, бул эми бийликтин сизди жаман көрсөтүү ыкмасыбы же?..

— Албетте, бу бийликтин баягы эле элге жаман көрсөтүү ыкмасы. КТРден бергендин баары бурмаланган. Анткени, алар “Текебаев мунун баарын 2010-жылдан кийин алып алды” деп жалган айтып атат. “Текебаевдин 9 объектиси” деп кайра-кайра көрсөтүп, калпты чындай айтып жатышат. Булар бир жактуу берген үчүн, элге чындык жетпей жатат. Эми мен чыкдыкты, болгон мүлкүмдү ачык айтып берейин. Менин 4 мүлкүм эле бар. Ошонун бири – Фрунзе-Исановдо жайгашкан офис, ушул жерде маектешип олтурабыз. Ушу 7 сотук жерге кичинекей, чүчүйгөн үч имарат курулганын кирип келатып көрдүңөр окшойт. Бул имарат 2005-жылдан баштап курулган. Муну Бакиевдер текшере берип, келе берип, теледен көргөзө берип чарчаган. Бу жерде арендаторлор отурат. Бакиевдин убагында бир банк арендада отурчу эле, аны Бакиевдер: “Текебаевдин банкы бар” деп КТРден көрсөтө берип, банкты качырып салган. Азыр болсо “Супер инфо” гезити жайгашкан. Атамбаевдер “Бу гезит Текебаевдики экен” деп, буларды дагы качырганы калды. Эсиңерде болсо керек, “Асаба” гезити ушул суроо менен былтыр кайрылгансыңар, ошондо мен ал Кылыч Султановдуку экенин, гезит арендага алып олтурганын айткан элем. Мына ушинтип ушакты өзүбүздөн эле тактап койсо болот да, туурабы? Тактоо боюнча айтып жатканымдын себеби КТРден партиянын офисин да меники кылып салышты, болгондо да 4 кабаттуу имаратты.  Ал офис Калык Акиев көчөсүндө, КТРдин артында жайгашкан. КТРдин жанында болгондон кийин Илим Карыпбеков ошол айттырып жаткан журналистин жиберип, тактатып койсо болот беле?! Алар көрсөтүп жаткан 4 этаждын 1-кабаты эле биздин партиянын офиси. Ал офиске партиялаштар менен чогуу-чаран акча чыгарганбыз, “ар кайсы жерде жүрө бербей, бир офис болуш керек экен деп” ошол жерден алганбыз.  Ошо жерге Илим Карыпбеков келип, “офисиңер жакшы экен” деп куттуктап кеткен. Ал жакшы билет, билбесе да мейли дейт элем да.  Эми калган менчигимди санап берейин. 1995-жылы Жогорку Кеңешке жаңы депутат болуп келгенде мамлекет мага 3 бөлмөлүү квартира берген. Ал жерде азыркыга чейин жашайм. Ал үйдөн төрт балалуу болдук, балдарыбыз чоңойду. Кыскасы, тар квартира болсо да бактылуу күндөр өттү. Бирок убакыт бат өтөт экен, балдар чоңоет экен, балдардын табитине жараша, заманга ылайык үйдү да чоңойткуң келет экен. Элита үйлөр деген жерден 3 бөлмөлүү үй алдык. Ал азыркы үйүбүздөн бир аз эле чоңуурак, 120 квадрат метр. Көп жылдан бери депутат болуп жүрүп, 60 жашка таяп калганда жаңы үйгө жетип олтурам. Аны да узартуу мөөнөт менен алганбыз, 2 жыл төлөдүк, бир жыл ремонт кылдык. Мына эми ошол жакка көчкөнү турабыз. Ушунча жыл эмгек менен тапкан үйдү КТР кылмыш кылгандай кайра-кайра туура эмес көрсөтүп жатат. А эмнеге ошол эле үйдөн алган Атамбаевдин оң колу жаш бала Сапар Исаковдун үйдөн алган квартирасын көрсөтүшпөйт? Меники 120 квадрат метр болсо, аныкы 180 квадрат метр. 60ка чыкканда мен ушундай үйгө эми жетсем, жапжаш бала бат эле чоң үйгө жетип жатпайбы. Андан да чоң үйдө Атамбаевдин баласы жашайт. Аны эмнеге айтышпайт?

–“Орто Сай 2” жердеги участокту кайсы жылы алгансыз?

— 6 сотук жерди 2011-жылы эле алгам. Ал кезде Өмүрбек Абдырахманов мени айга-күнгө теңеп, мактап жүргөн. Аны менен өтө ысык мамиледе болуп, үйбүлө менен катышчубуз. Анан бир күнү Бейил эже, Өмүрбек Абдырахмановдун жубайы: “Биз жашаган жерде жаңы шаарча курулуп атат, ошол жерден участок албайсыңарбы? Коңшу болуп жүрөйлү” деп калды. Азырынча акчабыз жок экендигин айттык. Эртеси эле ал жердин кожоюну менен сүйлөшүп, жубайым Айгүлдү жетелеп барып, акчанын жарымын төлөп, бизге алып берген. 5-6 айда ал карыздан кутулдук. Эки кабаттуу үй. Азыр эки кабатуу үйдү карапайым адам деле салып жатпайбы. Салып  жатканыбызга 5 жыл болду, дубалы туруп, үстү жабылып калды. Бүтпөгөн үй меники эле калды. Эми ошону дагы КТР калыстык менен көрсөтпөй, бүткөн кооз үйлөрдү меники кылып көрсөтүп жатат.

–Кайын эжеңиздин үйүн да сиздики деп жатышат, “жөн эле кайын эжесине каттатып койгон” деп. Буга эмне дейсиз?

— Кайын эжем кыздары менен Бишкекте бир бөлмөлүү квартирада жашашкан. Саламаттык сактоо тармагында көп жылдан бери иштейт. Өзү иштеген жердин жетекчилерине кайрылып, участок алганы менен каражаттын тартыштыгынан улам ал жерге үй сала алган жок. Анан бирөөгө участогу, бир бөлмөлүү квартирасын сатып, ошол акчасына үч бөлмөлүү квартира алган. Балким, кичине болсо да убагында жардам берсем бергендирмин. Бирок, анын үйүнө менин кандай тиешем бар? Балдарын квартиралатпай, бир жерден үй алып жашаганга укугу бар да, туурабы?

–“Чычкандагы” кафе, ГЭСиңизчи?

–2002-жылы Чычканда жер аренда алып, жол боюна таштан кафе салынган. Ошон үчүн “Таш Там” деп аталат. Ал жерге да кичинекей ГЭС курулган. Президент баш болуп 20 жылдан бери бир ГЭС куралбай жүрүшөт. А биз болсо ошол жерге чакан болсо да ГЭС курдук. Андай кылган адамга акараат айтпай, медаль бериш керек. Себеби бу өндүрүш, мамлекетке салым да. Эми аны ГЭС деп айткандан да, көрсөткөндөн да уяласың, анткени, өтө эле кичинекей. Арык, бир труба, ары жагында генератор. Ушу кумурскадай нерсени пилдей кылып, Акаевдер да, Бакиевдер да “Токтогулда чоң ГЭСи бар” деп айтып жүрүштү. Куру айтпай көрсөтүшсө болмок. Көргөн эл күлүп, “миң уккандан бир көргөн жакшы турбайбы” деп туура кабылдашмак. Көрсөткөнгө жараша калыс, туура, дал өзүн көрсөтүш керек. Ал кафени туугандарга берип койгонубузга көп болду. Кышында аябай суук, аны иштетүү өзүнчө азап. Мына менин болгон мүлкүм, төртөө гана: 1995-жылы мамлекет берген 3 бөлмөлүү квартира, азыр алып жаткан жаңы квартира, участокто бүтпөй турган – там, офис.

–Соңку суроо. Кадыржан Батыров Конституцияга каршы пикирин билдирди. Дагы эле “сизди колдоду, экөөнүн мамилеси бар” дегендей айтылып жатат. Буга кандай комментарий берээр элеңиз?

–Кадыржан Батыров дагы бир куу адам да. Түшүнгөн кишиге, анын бизди колдогону, Атамбаевди колдогону да. Бу да болсо өзүнчө бир чоң саясат. Айтып келгем, дагы эле айтам, аны менен такыр жолуккан эмесмин, ага көп жолуккан Атамбаев болгон. Бу боюнча Кадыржан Батыров деле көп интервью берди. Берген интервьюларынын биринде да “Текебаевге жолуккам” деп айткан жок. Бир жеринде айтканы бар “Текебаев менен дагы балдар жолугуп атат” деп. Балким, Конституция кеңешиндеги өзбек улутундагы балдарды айтса керек. Мен ага жолукпаганым так нерсе. Ошто 2010- жылы, 23-апрелде Убактылуу Өкмөттүн чечими менен Алмаз Атамбаев коопсуздук маселеге жооп бериш керек болчу.  Бирок, ал Ош коогалаңында көрүнгөн жок, бир да жолу басып барган жок. Эртеси да эч жерден табылган эмес. 31-августта Атамбаев борбордук аянтта сөз сүйлөп жатып, “Кудай мародердун бетин ачканга жардам бер, Кадыржан Батыровдун качканы боюнча жардам бер” деди эле. Анан ал Кудайга түз жетти окшойт, бир, эки жума өтпөй туруп эле Максим Бакиевдердин мүлкү Атамбаевдин өзүнөн чыгып калды. Батыров менен жолукканы да ачыкка чыкты.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

Булак: Кyrgyztoday.kg

 

 

"Азия Ньюс": Парламент пахмелдери

Сайдулла Нышанов, Зиядин Жамалдинов, Канат Исаев, Исхак Масалиев

Парламент “пахмелдери”

Сайдулла Нышанов: – Сооронбай Шарипович, булардын баары жомок айтып отурушат.

Азия Ньюс”: – Азыр жомок айтпай калган. Анекдот айтышат.

Сайдулла Нышанов: – Налогдун жаңы түрлөрүн киргизип, куюлуп жаткан бензиндин ар бир литрине бир сомдон кошуп коелу.

Азия Ньюс”: – Анда куюлуп аткан пивого деле кошкула. Көбүктөн эле миллиондорду табасыңар.

Зиядин Жамалдинов: – “Шапкелерди” бюджетке түшүрө турган болсок, 700 млн. сом акча түшөт.

Азия Ньюс”: – “Чөнтөктөр” ага макул болбойт го…

Акылбек Жапаров: – Эгер проблема акча менен чечилсе, ал проблема эмес. Бул – чыгаша.

“Азия Ньюс”: – Еврей боло баштагансызбы, Акылбек Үсөнбекович?

Канат Исаев: – Бүгүнкү күндө мектепте завуч болуп иштеп көрбөгөн адам министр болуп иштеп отурат.

“Азия Ньюс”: – Демек, ал чыныгы XXI кылымдын кадры экен.

Мирлан Бакиров: – Урматтуу өкмөт мүчөлөрү, керектүүсүн алыңыздар, керексизин өзүңүздөр билесиздер.

Азия Ньюс”: – Каяка пайдаланышты…

Исхак Масалиев: – Үч жашар бала, менин адашым көчөдө жатса эч ким акыбалын сурап койгон жок.

Азия Ньюс”: – Аты эле эмес, фамилиясы да сиздикине окшош болсо сурашмак.

Булак: Азия Ньюс

 

 

 

 

 

Видео - Депутат Өмүрбек Текебаев журналисттерге пресс-тур уюштуруп, өз үй мүлкүн көрсөтүп, атамбаевчилерге жооп кайтарды

Кечээ, 27-сентябрда “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев журналисттерди чакырып, атамбаевчилер аны айыптап “Текебаевдин эсеп жеткис мүлктөрү” деп жар салып жаткан даректер боюнча пресс-тур уюштуруп, өз үй мүлктөрүн көрсөтүп чыкты.

Булак: youtube.com

Кыргыз Республикасынын Түштүк регионалдык «Коррупцияга каршы Элдик Көзөмөл» коомдук бирикмеси уюшулду

Мамалекетибиз тарабынан жүргүзүлүп жаткан «Коррупцияга каршы аракеттенүү» жөнүндөгү саясатын  Республикабыз боюнча алгачкылардан болуп, 2012 жылдан баштап Жалал-Абад областтык «Коррупцияга каршы Элдик Көзөмөл» коомдук бирикмеси уюшулуп, Минюстициядан каттоодон өтүп, бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана укук когргоо органдары менен биргеликте 250 миллион сомдон ашык коррупциялык элементтердин бетин ачууга жетишти. Ал эми  Мамлекетибиздин бийлик органдарына паракорлук жана коррупция менен күрөшүү саясатын ишке ашырууда, демократиялуу, укуктук мамлекетти курууга, элибиздин тынчтыгы үчүн, Мамлекетибиздин бүтүмдүгү үчүн жана 2012 жылдын 8-августундагы   «Коррупцияга каршы аракеттенүү» жөнүндөгү № 153 Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 30-август 2012 жылдагы № 596 Токтомун, Кыргыз Республикасынын Президентинин 12-ноябрь 2013 жылдагы ПЖ №215 Жарлыгын ишке  ашырууга көмөктөшүү максатында Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад областарында жана Ош шаарында Түштүк регионалдык «Коррупцияга каршы Элдик Көзөмөл» коомдук бирикмеси уюшулуп, 2-сентябрь 2016 жылдагы Жалпы чогулушунун чечиминин негизинде башкаруу органынын башчылары шайланышты:

birik

Булак: “Майдан.kg”

Видео - Мээрбек Мискенбаев менен Илим Карыпбеков таап чыккан Өмүрбек Текебаевдин үй мүлктөрү

Алмаз Атамбаевдин Кой-Таштагы Максим Бакиевдин жерин тартып алып, элге өткөрбөй өзү ээлеп алганын айтып чыккан “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин үй-мүлкүн КСДПчы депутат Мээрбек Мискенбаев, Мамкаттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев жана КТРКнын гендиректору Илим Карыпбеков да чукулап, издеп жатышат.

Булак: youtube

Караганда автопаркындагы нааразылыктан кийин комиссия түзүлдү

Карагандадагы ири автопарктын айдоочуларынын нааразылыгынан улам макулдашуу комиссиясы түзүлдү. Жергиликтүү бийлик нааразы болгондор менен сүйлөшүп, аларды жүргүнчүлөрдү ташууну улантууга көндүрө алды. Бирок автопарктын 20 чакты автобусунун айдоочулары менен кондукторлору койгон талаптарынан баш тартышкан жок.

Караганда облусунун бийлиги учурда автобустар белгиленген тартипте ишин калыбына келтирип, абал турукташканын билдирүүдө. Бийликтин маалыматы боюнча жергиликтүү аткаруу органы, автопарк жетекчилиги жана айдоочулар ортосунда үч тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, анын жыйынтыгы менен талаш-тартыш жөнгө салынды.

— Облустун жана Караганда шаарынын жетекчилиги тарабынан айдоочулар менен автопарктын ортосунда пайда болгон талаш-тартышты жөнгө салуу боюнча тез аранын ичинде чаралар көрүлдү. Учурда абал көзөмөлдө, — деп билдирди Караганда облусунун акиминин басма сөз кызматы.

Окуя 22-сентябрда башталган. Ал күнү айдоочулар жумушка чыгып, бирок өз талаптарын айтуу менен рулга отуруудан баш тартышкан. Алар автопарк тараптан күнүмдүк пландын жогорулатылышына каршы болушкан. Нааразылыгын билдирген айдоочуларды кондукторлор да колдоп, каттамга 20 чакты автобус чыкпай калган. Шаарда автобустардын аздыгы жүргүнчүлөрдүн нааразылыгын жараткан.

Карагандада автобуста жүрүү акысы 80 теңгени түзөт.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Иракта жардыруу уюштургандардын бири тажик болгон

Ирактагы терактка “Ислам мамлекети” террордук тобу жоопкерчилик алып, жанкечти-террорчулардын бири тажик болгонун билдирди. «Франс-Пресс» агенттиги 24-сентябрда Ирактын Тикрит шаарындагы жардыруудан 12 адам өлүп, 23ү жаракат алганын кабарлаган.

ИМ тобунун интернетке чыгарган билдирүүсүндө, топтошуп турган полициячылардын жанына барып жардырууну ишке ашырган төрт жанкечтинин үчөө ирактык, төртүнчүсү тажик болгону айтылат.

Топтун маалыматы боюнча жарылуучу затты Абумухаммад Точики аттуу тажик ишке ашырган. Андан соң жанкечтилердин бири жарылуучу зат салынган унааны бекетке багыттап, берки экөөсү Тикриттеги аскерий базанын жанында топтошуп турган полициячылардын жанына барып өздөрүн жардырып жиберишкен.

Тикрит полициясы бекетке кол салуу болгонун жана кызматкерлерин жоготконун ырастады, бирок жанкечтилердин тек-жай тууралуу эч нерсе билдирген жок. Адатта Ислам мамлекети тарапта согушуп жаткан тажик согушкерлер өздөрүнө арабдардын аттарын коюп алышат – буга чейин Абу Мухаммад Ат-Точики деген ысымды алып жүргөн согушкердин өлтүрүлгөндүгү да кабарланган болчу.

Тажик бийлиги ушу тапта миңден ашуун жараны ИМ жана башка террордук топторго кошулуп кеткенин билдирүүдө. Алардын 300ү өлгөнү да маалымдалып келет.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Видео - Өзбек дарбазачысы киргизген голдун видеосун 3 күн ичинде үч миллиондон ашык киши көрдү

Интернетте өзбек дарбазачысынын корей курамасынын дарбазасына киргизген голу популярдуу болууда. Ал учур тартылган видео YouTube видеохостингине жарыяланып, үч күндүн ичинде аны үч миллиондон ашык киши көрдү.

СА-News агенттиги маалымдагандай, окуя 23-сентябрда, өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугу алкагында өтүп жаткан Өзбекстан жана Түндүк Корея курамаларынын ортосундагы беттеш маалында болгон. Өзбек дарбазачысы Жасурбек Умрзаков беттештин 49-мүнөтүндө өз айып аянтчасында туруп топту атаандашынын дарбазасын көздөй узаткан. Корей голкипери топту башы менен сүзүп алыстатуу үчүн өз дарбазасынан 25 метрдей алдыга чыккан. Бирок топту токтото албай өткөрүп жиберип, артынан чуркаган кезде тайып жыгылган. Ал турганча топ дарбаза торуна кирип кеткен.

Видео 23-сентябрда жарыяланып, андан бери аны үч миллиондон ашык киши көрүүгө жетишти.

Өзбек командасынын дарбазачысы Жасурбек Умрзаков өз талаа бөлүгүнөн узаткан соккусу менен топту атаандаш дарбазасына киргизген.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню