— Кубат байке, саясат кызуу жүрүп жатса да сиздин үнүңүз угулбай жатат да? Кайда, эмне иш менен алектенип жүрөсүз?
— Бул суроону мага көп беришчү болду, акыры түшүндүрүшүм керек го сыягы. Сурооңо, суроо менен жооп берейин. Айтчы, саясат дегениң эмне өзү, өзгөчө биздеги көрүнүшү? Эптеп акчанын күчү болобу, же таяке-жээндикке салыппы, аракеттенип мамлекеттик кызматка илинип, элдин эсебинен оокат кылышпы? Же илинбей калып, ошол “таалайлууларды” тынымсыз сындашпы? Деги бу саясат дегениңде абийир, адамгерчилик, уят-сыйыт, эл алдындагы милдет аттууларга орун калдыбы? Менин аракетимден көз каранды бир көрүнүш барбы Кыргызстанда?
Илгери бир учурда, куру намысты көздөп илээшип алып, бул “апийимден” кутула албай, күнү бүгүнкүгө чейин сарп кеткен кайран убакытты кайтарууга ылаажы барбы? Жок албетте. Көпчүлүк жакшы жашоону, жомоктогудай бир каарман келип, сыйкырдуу күч менен орнотуп кетсе деген маанайда. Ар кимиси өз алдынча буга аракет кылгысы келбейт. Ал түгүл, өзүнүн бала-бакырасынын тагдырын аныктаган шайлоого да кайдыгер. Аны айтасың, башын тобокелге байлап, өкүмзарларга айбат кылган айрым каарман балдардын башына иш түшкөндө, колун сунуп, арача кылган кыргыз барбы? Ана, абакта жалган жалаа менен канчасы жатат, кимибиз канча боор тарттык? Кайдыгер элде каарман аз. Аркаңда дуу көтөргөн, чуу чыгарган элиң болбосо, үнүң үстөм чыкпайт экен. Тигинтип акыры өкүмзарлар менен чоң муштумдардын чексиз үстөмдүгү астында калдык. Ансыз да отуз жылдык эмгегимдин жарым-жартылайы кармашка кетиптир, тапкан-ташыганымдын оор бөлүгү күрөшкө жумшалды, ал жылдардын эмне деген кейиштер менен коштолгонун ким билет? Мына, айтымына караганда кара мүртөз куугунтуктун аягы чыга элек сыяктанат.
— Саясатка аралашпаганга аракет кылганыңыз менен сиздин генералдык наамыңызды алат экен деп атыңыз аралашып жүрбөйбү. Же мындан да кабарыңыз жокпу?
— Болоттон (Шер) генералдык чинди кантип кайтарабыз деп экөөбүз жанаша бир күндө алгандан кийин, мени да илээштирип жатышкан го сыягы. Болбосо, азыр бутага илингендердин ана башында мен жок болушум керек. Кудай билет, экинчи, үчүнчү катарга өттүм. Менин “почетный” ордумду, кечээки үзөңгүлөштөрү ээлебедиби, азыр. Же “Эзелки душман эл болбойт” деп жатышабы? Ким билет?
Кызыгы Генералдык чинди Бокенин шароофаты менен алып, касоофаты менен алдырганы калгам го сыягы. Анын тарыхы төмөндөгүчө. Булардын мага генералдыкты берейин деген ою деле жок экен, иш жүзүндө. Жалал-Абадда жүргөм, комендант болуп. Бир күнү Отунбаева телефон чалып калды. Кечки саат бештен өтүп калган. “Тез кел, түнкү он экиде же бирде келесиңби дароо мага кир, мен күтүп олтурам” деди. Дагы эмне болуп кетти деп эле, көйнөк-көнчөгүмдү салыштырып жөнөдүм. Таш-Көмүргө келгиче эле түнкү саат бир болуп кетти. “Кайсыл жердесиң?” деп дагы телефон чалды. Таш-Көмүрдөмүн десем, “Кеч болуп кетти, эртең менен саат сегизде кел” деди. Ого бетер тынчсыздандым. Эч нерсе билбейм да. Эртең менен саат сегизде барсам “ИИМ министри болосуң” дейт. Эмне болуп кетти десем “Ал жакта абал чатак. ИИМ көтөрүлгөнү калды, барып жөндөбөсөң болбойт” деп айтты. Макул, болсо болоюн деп бардым. Барсак зал толо, ИИМдин чоңдорунун баары бар. Президиумга чыгып олтурдук. Элден мурда Болоттун иштен бошотулганы, анын ордуна мени дайындаган Указ окулду. Отунбаева чыгып Болотту мактап “Бул экинчи класстагы мамлекеттик кеңешчи, ошого тете генерал-лейтенант деген наамды кайра аттестация иретинде ыйгарабыз” деген Указын окуду. Келип олтургандан кийин менин дагы ошол сыяктуу даражам бар экендигин, айтсамбы, айтпасамбы деп эки анжы болуп барып, ушунча жыл мекен үчүн кызмат кылып, мамлекет тарабынан эч нерсе ыроолонбосо, Ооганстанда дагы зоналдык кеңешчини күндө арак ичип мас болгонунан сындай коюп, эки жыл кан кечип жүрүп ал жактан дагы куру келгенимди эске алып,“Роза Исаковна, мен дагы экинчи класстагы мамлекеттик кеңешчимин” деп шыбырасам таза ыңгайсыз абалда калды. Мен ИИМ министри болуп дайындалып, кызматтагы адам болуп калбадымбы. Айласы кетип, жыйналыш жабылаарда трибунага кайра чыгып, “буга да бердик” деп койду. Анда мен анчейин өгөй, убактылууларга коомай турган кезегим. Себеби четтен чыга калган “Ашка жүк, башка жүк” болуп жатпаймынбы.
Эми иш жүзүндө менден генералдык чинди ала турган болсо, өзүлөрү эле уят болушат. Себеп дебейсиңби? Мен тээ илгери аскердик милдетти, Совет армиясында, ефрейтордон баштагам. Ошондон бери кезеги менен көтөрүлүп, кичи лейтенант, лейтенант, улуу лейтенант, айтор наамдын бирин калтырбай алып, ирети менен келе жатпаймынбы. Көбүн Москвадан алгам. Ооганстандан майор, подполковник деген эки чин алдым. Он беш жылга чукул полковник болдум. Болгон согуштун баарына катыштым. Тополоңдордун баарын жөндөөдө тикемен тик турдум. Анан чинди мага бербегенде буларың кимге берет? Ассенизатордон баштап, “женотделге” чейин алышты го. Ал түгүл кой уурдап элинен куулган аталарына чейин алып беришпедиби, түркүн наамдарды. Же жалганбы?
— Убактылуу бийлик болгуча деле сизде генералдыкты алганга мүмкүнчүлүк бар болчу да. Ошондо неге албадыңыз?
— Мындан бир топ жыл мурун бир окуя болгон. Жогорку Кеңештин депутаты элек. Депутаттардын арасында мурун аскердик, милийса кызматтарында иштеген 7, мени менен 8 полковник бар экен. Ошолордун баары чогулуп, “Биз депутатпыз, генералдык наамды бергиле” деп кат жазып, баары кол коюшуп, анан мага келишиптир. Аксакалдар, мунуңар уят иш. Аскердик кызматта турбагандан кийин депутатпыз деп эле чин алып алганыбыз туура эмес. Силер алсаңар ала бергиле, мен албайм деп койгон жерим бар. Ошо менен баары алып, мен алган эмесмин. ИИМ министри болуп дайындалып кызматта турсам, генералдык чинди мага бербей кимге беришмек?
— Отунбаеваны президентибиз эл шайлабаган президент дегенге алып барды. Эми ошол киши берген чинди алып таштайлы деп атса керек да, жанындагы билермандар. Деги чинди президенттин түз алып салууга укугу барбы?
— Эсиңерде болсо керек, баягы булар менен кармашып кеткен жылы менден генералдыкты алдырууга буйрук түшөт. Ал жактагы юристтер “ала албайбыз, соттун чечими менен алынышы керек” деп айтышып токтотушуптур. Чин сот аркылуу гана алынчу нерсе да. Чынында генералдыкты Болоттон да, менден да ала албайт. Эзелки душмандар бар, сөздү ошолордун удургутуп аткан кезеги го сыягы? Мен генералдык наамды алып коёт деп коркконум деле жок. Айткандай, Сталин өлүп, ата-энемден ажырап деле тирүү келе жатам. Өкүттүн чокусу наам эмес, албетте.
— Бул маселе Конституцияны өзгөртүүдөн улам чыгып жатат да. Ушул дагы бир нерсени айтып чыкпасын деген максатта оппоненттерин алдын ала эскертип жаткан болсо керек? Байболов да тим жатчу эмес эле дегендей кылып…
— Конституция боюнча мен оппонент эмесмин. Себеби, азыркы талаштын түпкү мазмуну тайкы. Айрым өзгөртүү, түзөтүүлөр менен акыбалыбыз оңолбой калды, менимче. Зоокага барып такалчу жолдун айрым жерлерин оңдогондон не өзгөрмөк? Бузулган эрежелердин айрым жерлерин коргоп калабыз деп, калың элдин тагдырын тобокелге салуу кантип туура болсун? Бийликтин табиятын өзгөртүүгө байланышкан олуттуу өзгөртүүлөргө барып, жаңы мамлекет түзмөйүнчө, айрым фрагменталдуу түзөтүүлөр натыйжа бербейт. Бул тууралуу ойлорумду мындан мурунку көптөгөн макалаларымда жазган элем. Үнүм жетчүдөй эмес. Маселен, азыркы эрежелер менен жаңы шайлоого барууга болбойт деп жер сабаган жерим бар, ким кулак салды? Аягы эмне болду? Саясий сахнага, алдым-жуттум, сабатсыздардын экинчи мууну келди. Баса, бул жараксыз эрежелер кайдан чыкты? Дал ошол патриотпуз, демократпыз деген оппозициябыз коргоого алып жаткан Конституциянын ичинде баары. Ал бизди туңгуюкка алып келген эрежелердин кайсы бирин жактоого алайлы?
— Оппонент эмесмин дейсиз да. Мурун сиз чыкыйга тийчү сын айтып жургөндөрдүн башында элеңиз го?
— Өкүмзарга көчүгүн такап алып, запкыны көргөзгөн бийликтин жасоолдору, чыркыраган чындыкка боор тартпаган кайдыгерлер, акыйкаттыкка жаны ачыбаган анткорлор, тар жол, тайгак кечүүдө, жоо тарапка өтө качып же оор уйкудан эми ойгонгонсуп, кожоюнун толорсуктан алып, капшытынан чыгып жатканда “Эрди-катын урушат, эси кеткен болушат” деген сыяктуу болуп, кыпчылып эмне кылам? “Көнүшкөн жоо, атышканга жакшы” демекчи, азыркылардын сырын аздыр-көптүр билип калдым. Ал эми бийликке тап берип, келем дегендердин арасында, мен үчүн да, мамлекет үчүн да өтө коркунучтуулары арбын. Кимисине жан тартайын?
— Кызыгы учурунда ушул Конституцияны колдогондор тартышып жатпайбы?
— 2010-жылы “Бул Конституцияңар ийине жетпей калыптыр, туура эмес болуп жатат, бул эреже менен бара турган болсок, 5 жыл өтпөй туңгуюкка дуушар болобуз, мындай кылбагыла “десем, баары мени душман көрүп “Байболовдун кантип оозун жабабыз” дешип, тиш кайрашкан. Андай болсо деп, 2010-жылдын 23-майында Конституциянын сунушталган долбоорун катуу сындап гезитке макала жазып ийип жатпаймынбы. Анан мага кантип түпкүлүгү түз маанай болсун? Бирок өзүлөрү баамдай албаса, жок дегенде билгендердин кебине кулак салганды үйрөнүш керек эмеспи. Өлүккө ченеп бычкан кепин, кантип тирүүгө туура келсин?
— Конституцияга өзгөртүү буга чейин киргизилип келген, мындан кийин деле боло берет да…
— Табияты тайкы, түпкүлүгүндө элге кайдыгер, тар чөйрөдөгү айрым шылуундарга гана таандык бийликти, бир аз тигиндей же мындай бөлүштүргөндөн эмне өзгөрөт? Улам жаңы келгендерге ишеним артып олтуруп 25 жыл өтпөдүбү. Кана жашоонун жакшы жышааны? 2007-жылы Конституция дал ушундай тартышка түшпөдү беле? Ошондо парламенттик башкаруунун Конституциясынын долбоорун сунуштагам. Эсиңерде. Үч жыл өтүп-өтпөй, парламенттик башкарууну шардана кылган укаларым, “Кубат аке, парламенттик башкарууга али эрте, болбойт” деп, жакындатпай коюшпады беле. Эми бул айрым өзгөрүүлөрдөн узурпация болот дешет. Ал балакетиң болуп бүтпөдү беле. Жалпы калктын ондон бирин камтыбаган партия демиштер небак Кыргызстанды бөлүп алышпадыбы. Буларыңдан үй-бүлөлүк башкаруу элге кайрымдуураак экен деген сөз эл арасында бекер жүргөн жок. Анан бул системанын несин жактайлы?
— Демек сиз тигил же бул жагына кошулбайт турбайсызбы?
— Менин көздөгөнүм улуу бурулуш. Башкаруу системасын түп тамырынан өзгөртүп, бийликтин тике вертикалын жоюп, эл бийлигине негизделген, өзүн өзү башкаруу системасын түзүү. Иштиктүү, акыйкат бийлик, чынчыл сот, таза шайлоо, жарандык эркиндиктер. Аны кантип орнотобуз? Бир гана жолу калды, бул эл тарабынан, тике шайланган Убактылуу, Улуу Курултай (орусчасы Учредительное собрание). Башка арга калбады.
“Мурдуна бок сүйкөсө да “амий” дебеген элдин тартыштыгы али алдыда” деп Докем (Садырбаев) туура эле айтыптыр. Үстөм сүйлөгөн улам бир топко кошулуп удургуп кетип жатпайбы, элдин көбү. Эми, кийинки Президент ким болот деп, ар ким өзүнүн мыктысын сүрөп аткан кез. Ал эми парламенттик башкарууда бул кызматтын кедергисинен башка пайдасы жок экен, жоюп салалы деген ойду жолоткулары жок. Себеби, канткен менен ар ким өз “эргулун” алып барыш керек турбайбы ал жакка. Алданганга куштар элдин, алгылыгы али алдыда экенине кантип ынанбай коё алабыз? Кай тарабын сүрөйлү?
— Азыр айтышып жаткан эки тарап ажырашы мүмкүнбү?
— Булар чырмалышкан, эки башы, төрт колу бар бир дене. Чоң операция болмоюнча бөлүнбөйт. Экөөсү тең бири-бирине катуу сөздөрдү айтып, оор кинелерди коюп жиберишти, ким билет эми, кай жерден чыгышаарын? Талашып олтуруп Кыргызстандын тагдырына залал тийгизип алышпаса болду. Ооп бараткан тарап, “дооод” деп ураан чакырып, регионалдык сезимди козгоп, элди удургутуп ийишпесе экен.
Маектешкен Наралы Асанбаев