Menu

Фото - Ош облусунан ажылыкка кеткен зыяратчылардын алгачкы тобу кайтып келишти

Бүгүн, 22-сентябрда Жидда-Ош авиакаттамы менен 250 жарандан турган ажылардын алгачкы тобу Ош Эл аралык аэропортуна келип конду. Ажыларды Ош Аэропортунан Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалай Сарыбашов, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев жана ажылардын миңдеген туугандары тосуп алып, алардын ажылык милдеттерин аткарып, аман-эсен туулган жерлерине кайтып келгендери үчүн бата кылышты. Жетектеп барып келген ажы башчы Зухпаттило Абдуганиевдин айтуусунда ажылардын баардыгынын ден-соолугу сак-саламатта жана жогорку деңгээлдеги тейлөө менен кайтышкандыгын билдирди. Сауд Арабиясында калган зыяратчылар Жидда-Ош жана Медина-Ош авиакаттамдары аркылуу 1-октябрга чейин кайтып келишмекчи.

Эскерте кетсек, быйылкы ажылык сапарга Ош облусунан 1514 жаран кеткен болчу.

azhylyk-2016-2

azhylyk-2016-3

azhylyk-2016-4

azhylyk-2016-5

azhylyk-2016-6

Оксфорд дүйнөнүн мыкты университети аталды

Times Higher Education басылмасы тарабынан Британиядагы Оксфорд университети дүйнөдөгү эң мыкты университет деп табылды. Дүйнөнүн алдыңкы жогорку окуу жайларынын рейтинги Thomson-Reuters маалыматтык кызматы менен биргеликте түзүлгөн. Ал бул сыяктуу престиждүү үч тизменин бирөөсү болуп эсептелет.

Рейтингдин 13 жылдык тарыхында биринчи жолу америкалык эмес жогорку окуу жай мыкты деп табылды. Оксфорд университети өз эшигин 1096-жылы ачкан. Быйыл ал беш жылдан бери рейтингдин сап башында турган Калифорния Технологиялык институтун экинчи орунга жылдырды.

Бул орун алмашуудан башка Times Higher Education рейтингинин алдыңкы сабы өзгөрүүсүз калган: үчүнчү орунда – калифорниялык Стэнфорд, төртүнчүдө — англиялык Кембридж, андан соң – Массачусетс Технологиялык институту, Гарвард, Принстонс университеттери жайгашкан. Алдыңкы ондуктун катарына 6 америкалык окуу жай кирген.

Рейтингди түзүүдө жогорку окуу жайлардын илимий салмактары негизги ролду ойнойт. Ал басылып чыккан илимий макалалардын саны, цитата катары пайдаланылуусу, тартылган грант өлчөмү, эксперттик коомчулуктун пикири жана чет өлкөлүк кесиптештери менен биргелешип алынып барылган иштердин көлөмү сыяктуу көрсөткүчтөрдүн негизинде түзүлөт.

Мыкты 200 окуу жайдын катарына Орусиядан бир гана Москва Мамлекеттик университети кирип, 188-орунга жайгаштырылган. Өткөн жылы Орусияда мыкты эки жүздүктү толуктаган жогорку окуу жайлардын саны төртөө болгон. Тизмеге кирген орусиялык 24 окуу жайдын тогузу былтыркы ээлеген орундарынан төмөндөгөн.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Кыргызстанда Батыровдун ЕККУ жыйынына катышуусу нааразылык жаратууда

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында Социал-демократтар фракциясынан депутат Айнуру Алтыбаева Кадыржан Батыровдун ЕККУ жыйынында айткандарына баа берүүгө эл өкүлдөрүн чакырды. Депутат оор кылмыштар үчүн сыртынан соттолуп, издөөдө жүргөн Батыров аталган уюмдун отурумуна чакырылганы, ага сөз берилгенине нааразылык билдирди.

“Жикчил Батыровдун кечээги билдирүүлөрүн парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети бүгүн талкуулап, бүтүм чыгарсын деп кайрылам. Бүгүн Жогорку Кеңеш да ага саясий баа бериши керек. Кыргызстан көз карандысыз мамлекет. Жикчилердин эл аралык аянтчаларды колдонуп, адам укугу үчүн күрөшүүчү катары чыгышы жол берилгис нерсе”, -деди эл өкүлү

Батыров 20-сентябрда Варшавада өткөн ЕККУ жыйынында сөз сүйлөп, Кыргызстандагы Конституцияны өзгөртүү демилгесине каршылыгын, өзүнүн өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу жаңы кылмыш ишинин козголушуна нааразылыгын айткан. Кыргызстанда аз улуттардын укуктары басмырланып жатканын да кошумчалаган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги анын айткандарын четке кагып, Батыровдун ЕККУ жыйынына катышканына нааразылыгын билдирди.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, Жалал-Абаддагы өзбек улуттук-маданий борборунун жетектеп турган Кадыржан Батыровго 2010-жылы Кыргызстанда улут аралык жаңжалды козуткан, жикчилдикке чакырган, калайман башаламандык уюштурган деген айып тагылган жана өмүр бою эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган. Ал алты жылдан бери издөөдө жүрөт.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Казакстанда 560 "рекруттун" чыгуусуна бөгөт коюлду

Акыркы беш жылда күч органдары террордук активдүү зоналарга Казакстандан 559 рекруттун чыгышына бөгөт койду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Нургали Билисбеков билдирди.

Ал беш жылдын жыйынтыгы менен террордук жана диний-экстремисттик мүнөздө кылмыш жасаган 445 адам соттолгонун билдирди. Алардын ичинен 25и быйыл эркинен ажыратылды.

Ай башынан бери мажилисте “экстремизм жана терроризмге каршы аракеттенүү” боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда. Анда күрөшүү чараларын күчөтүү каралган.

Атайын кызмат кабарлагандай, акыркы жылдары жок кылынган радикалдуу топтордун бир бөлүгү эл аралык террордук уюмдардын жетекчилиги жана нускоосу алдында иш алып барышкан.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Адил Турдукулов: "Бийлик конституцияны өзгөртүү менен Кыргызстанды мышык ыйлагыдай абалга алып келген Атамбаевдик кланды сактап калуу аракетин көрүп жатат"

Жаш саясатчы Адил Турдукуловдун “Атамбаев бийликтен кеткенден кийин өлкөдө кандай коркунучтар болушу мүмкүн?” аттуу форумда сүйлөгөн сөзүнүн тексти:

“2003-жылы, Акаев доорунда коррупциянын деңгээлин ченеген Transperancy International уюмунун иликтөөсү боюнча биздин мамлекет 119- орунда турган болчу. Азыр болсо биз 123 орундабыз. Коррупциянын лидери болуп, Гватемала менен Сиерра Леоне мамлекеттери менен катарлаш болуш бул уят иш.

2010- жылдан 2014- жылга чейин Кумтордон 87 тонн алтын казылып, чет жакка чыгарылып кеткен. Алардын баасы 3 млрд. 909 млн. долларга бааланган. Эч ким бул килейген акча боюнча отчет берген жок.

Кыргызстанда 9% гана университттердин бүтүрүүчүлөрү өз кесиби боюнча жумушту таба алышат.

Расмий маалымат боюнча 500 мин кыргыз Орус Федерациянын паспортун алган. Бул түздөн түз кыргыз мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч туудурган нерсе. 60% биздин мигранттар тийиштүү денгээлде медициналык тейлөөнү алгандан четтетилген.

Кыргызстанда жыл сайын 6 мин туберкулез менен чалдыккандар катталат. Кыргыз элинин саламаттыгынын коопсуздугу коркунучта.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек аранын узундугу 1 миң 378 км., анын ичинен 320 км. такталган эмес. Кыргызстан менен Таджикистандын узундугу 971 км., анын ичинен 471 км такталган жок. Атамбаевдин учурунда бир дагы метрге коңшу мамлекеттер менен чек ара маселеси чечилген жок.

Кыргызстанда 85% наристелер, бала-бакчага барбайт, андай мүмкүнчүлүгү жок.

18% 5 жашка чейинки кыргыз наристелер жетиштүү түрдө тамактанбайт. Бул денгээл боюнча биз көптөгөн африка мамлекеттерден артта турабыз.

2009 жылы биздин тышкы карыз 2.5 млрд $ түзгөн, азыр болсо 6 жылдан кийин 4 млрд. $  ашты.

Эмне үчүн бул маалымат маанилүү? Анткени азыркы бийлик конституцияны өзгөртүү менен жана Атамбаевдик саясый кландын бийлигин сактап калуу менен, мындай кейиштүү мышык ыйлагыдай абалды калтырып коет. Эч кандай позитивдүү өзгөрүү болбойт.

Азыркы оппозициынын –“Референдумга, жол жок” деген лозунгдан башка, дагы талаптар болуш керек. Бул бирдиктүү талапкерди Президенттике алып чыгуу. Андан тышкары,  Жерүйду ит бекер саткандарды, Мегакомдун наркын түшүргөндөрдү жана энергетика тармагында коррупцияны гүлдөткөндөрдү, Азиз Батукаевди боштондукка кое бергендерди жоопко тартылышын талап кылышыбыз керек.

Анткени бийликте тазалануу, люстрация болмоюнча алдыга жылуу болбойт.”

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов жалпы мекендештерди 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады

Урматтуу мекендештер!

Быйылкы жыл – жалпы Кыргызстан калкы үчүн өзгөчө жыл. Бул жыл Кыргыз республикасынын Президенти тарабынан Тарых жана маданият жылы катары жарыяланган менен, аны эл-журтубуз “Тарых, Маданият жана Тил” жылы катары кабыл алышты. Анткени, булар бири-бири менен киндиктеш, эгиз.

2014-жылы “Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы” кабыл алынгандан бери өлкөнүн тил саясаты жеткилең аныкталды. Анын башкы мүдөөсү – өз эне тилин аздектеп сүйгөн, ошону менен бирге расмий жана кайсы бир чет тилин эркин билген жарандык коомду тарбиялоо. Бул багытта иш-аракеттер программага ылайык ырааттуу уланууда.

Улуттук программа кабыл алынгандан берки үч жыл аралыгында мамлекеттик тилди үйрөнүү жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү багытында тиешелүү камылга иштери жасалды. Ошентип, мамлекеттик тилди билүү муктаждыгы  түзүлдү. Эми бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик, расмий жана кайсы бир чет тилин тиешелүү деңгээлде билүүгө милдеттүү. Эмдиги жылдан тартып алар атайын сынактан өтүп, тил билүү деңгээлин аныктаган тастыкмаларды алышат.

Ааламдашуу арааны күчөгөн калабалуу заман улут тилин унуткан эл мамлекетин, ага кошуп улут тарыхын, улуттук маданияты менен каада-салтын жоготуп, өз өңү, айырмалуу белгиси жок көптүн бирине айланарын айгинеледи. Ошондуктан мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жыл өткөн сайын арбын каражаттар жумшалып, ал иштер акырындап өз натыйжаларын бере баштады. Калганын жөндөп кетиш ар бир кыргызстандыктардын өз колундагы иш.

Мамлекеттик тилибиздин өрүшү кең, келечек жолу даңгыр болсун!

HRW: Тажикстанда оппозициячылар куугунтукталууда

“Тажикстанда оппозициячыларга карата өлкөнүн ичинде жана тышында аңчылык жүрүүдө”. Ушундай аталыштагы даректүү тасманын бет ачары шаршембиде Варшавада өттү. Бул жерде ЕККУнун жыйыны жүрүүдө.

Фильмдин авторлору – Human Rights Watch менен Хельсинки комитети Норвегияда Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөлөрүнүн катышуусундагы “Группы 24”тасмасын тартуулап жүрүшөт.

Жарандык активисттер бул фильмде АКШ, Евробиримдик, БУУ, ЕККУ жана башка Тажикстан менен кызматташкан уюмдарга кайрылып, Дүйшөмбүгө санкция киргизүү менен саясий өзгөрүүлөрдү баштоого үндөшүүдө.

Human Rights Watch билдирүүсүндө белгиленгендей, Тажикстан адам укуктарын сактоо маселесинде терең кризиске кептелди. Мындай жагдай өлкөдө акыркы 20 жыл аралыгында болгон эмес.

Уюм соңку эки жылдан тарта бийликке каяша айткандарга согуш жарыяланып, ондогон юристтер, адвокаттар, журналисттер жана социалдык түйүндүн колдонуучулары камалганын баса белгиледи. Жүздөгөн активисттер өлкөдөн куулгандан кийин бийлик чет жакта жүргөн оппозиционерлерге “аңчылык” кылууда.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Бишкек мэри Албек Ибраимов 29 жер тилкесин мыйзамдуу алганмын деп актанып жатат

Бишкектин мэри Албек Ибраимов мүлкү тууралуу декларациясында көрсөтүлгөн жерлер борбор калаада эмес Чүй облусунун аймагында жайгашканын билдирди. Аларды жер үлүштөрү бөлүнгөн учурда ар кимден сатып алганын кошумчалады.

“Бул жердин баары эле айыл чарба багытындагы жерлер. Илгери эле сатып алганбыз. Жер бөлүнүп эл үлүш албады беле. Үлүш алган адамдардан сатып алганбыз. Жер тилкелеринин Бишкекке эч тиешеси жок. Өйдө жактагы айыл чарба багытындагы тилкелер”, – деп билдирди Ибраимов.

Мамлекеттик кадр кызматынын сайтында Албек Ибраимовдун кирешеси боюнча декларация жарыяланган. Андагы маалыматка ылайык, Бишкектин мэри 29 жер тилкесине ээлик кылат. Алардын эң ирилери ар бири 0,714 га болгон (7140 чарчы метр) эки жер тилкеси, ал эми аянты аз дегени 0,164 га (1640 ч/м). Мэрдин декларациясында өткөн жылы ал 765 533 сом айлык акы алганы, дагы 3 млн сомдой кирешени айыл чарба продукцияларын сатып тапканы жазылган. Өзүнө таандык үйү жана унаасы жок. 1,2 гектар (10200 ч/м) ашуун жерде сарай жана курулуштары бар, дагы 0,9 гектар (9280 ч/м) жерде гараж жана башка курулуштары бар экенин маалымдаган.

Албек Ибраимовдун декларациясында жер сатып тапкан 33 млн сом да көрсөтүлгөн. Бул Ибраимовдун жубайы президентке сатты деген участоктон түшкөн киреше болушу ыктымал. Мурдараак “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев ал жерге президент Атамбаев өзүнө үй салды деп маалымдаган. Текебаев ошондой эле президентке сатылган жер мурда Максим Бакиевге таандык болуп, ал качып кеткенден кийин мамлекетке кайтарылганын, Албек Ибраимов ал жер тилкесине кантип ээлик кылып калганын иликтөө зарылчылыгын билдирген.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Сот Кыргызстанда мыйзамсыз наабайчы болуп иштеп жүргөн өзбек жаранын чек арадан чыгарууну милдеттендирген чечим чыгарды

2016-жылдын 6-май күнү Кара-Суу шаарынын базарында набайчылык кылып иштеп жүргөн жеринен Кыргыз Республикасынын МУККнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын Кара-Суу бөлүмүнүн ага ыкчам өкүлү тарабынан 1976-жылы туулган Өзбекстан Республикасынын Наманган областынын тургуну Каримов З.З. кармалган. Бул тууралу КР Жогорку сотунун басма сөз кызматы билдирет.

Каримов З.З., Өзбекстан Республикасынын Наманган областынын тургуну, билими  орто, Өзбекстан Республикасынын жараны, үй-бүлөлүү, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 390-ст. 2-б. (чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар тарабынан Кыргыз Республикасында болуунун же транзиттик өтүүнүн белгиленген тартибин бузуусу, ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чаралары колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса) менен укук бузуучу деп кармалган.

Буга чейин да З. Каримовго 2016-жылдын 24-февралында Кара-Суу РИИБнын жетекчисинин орун басары тарабынан чыгарылган токтомдун негизинде Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 390-ст. 1-б. менен укук бузуучу деп табылып, 100 эсептик көрсөткүчтө (10 000 сом) айып төлөм салынып, мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн.

Кара-Суу райондук сотунун 2016-жылдын 6-майдагы токтому менен  З. Каримов Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 390-ст. 2-б. менен укук бузуучу деп табылып,  З. Каримовду  Кыргыз Республикасынын чек арасынан чыгарылуусу милдеттендирилген.

Жогоруда аталган иш 2016-жылдын 15-сентябрында Ош областтык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясында каралып, Кара-Суу райондук сотунун 2016-жылдын 6-майындагы  Каримов З. жөнүндөгү токтомун өзгөртүүсүз калтырды.

КСДПчы депутат Мээрбек Мискенбаев атамекенчи Өмүрбек Текебаевдин 2010-жылдан кийин тапкан мүлктөрүн текшерүүнү премьер-министрден талап кылды

Кечээ, 21-сентябрда КР Жогорку Кеңешинин кезектеги отурумунда “өкмөттүк саат” болуп өттү.  Ага КР премьер-министри баш болгон өкмөт мүчөлөрү катышып, депутаттардын суроолоруна жооп берип жатышты. Өкмөттүк саатта эмгек мигранттарынын көйгөйлөрү,  Бишкек шаарындагы “Коопсуз шаар” долбоору, чек ара маселесинин чечилбей жатышы жана жол кырсыктарынын статистикасынын көбөйүп жатышы тууралу маселелер каралып жаткан.

Өкмөткө суроо берүү кезеги жеткен КСДП фракциясынын депутаты Мээрбек Мискенбаев каралып жаткан маселелерди аттап өтүп, Өмүрбек Текебаевдин 2010-жылдын 7-апрелинен кийин тапкан жеке мүлктөрүн текшерип, эсептөөнү өкмөттөн талап кылды.

“Бүгүнкү каралып жаткан маселелерден да маанилүү бир маселе бар.  Биздин Текебаев деген теле жылдыз бир айдан бери күндө телевидение аркылуу чыгып, ар кимди фактысы жок жамандап, каралап жатат. Урматтуу премьер-министр, эмне үчүн Текебаевдин 2010-жылдан кийинки тапкан мүлктөрүн изилдебейсиңер? Бул биринчиден.  Интернеттен алым жетишинче издеп таптым, Текебаев көрүнгөндү мародер, мындай деп жатат да… Урматтуу премьер-министр,  мен Текебаевге окшоп ойду-тоону сүйлөбөй факты менен сүйлөйүн. Мына, “Супер инфо” газетасы жана “Сентябрь” телеканалы жайгашкан, Фрунзе көчөсүндөгү 402- үй 300 кв. метр, 50 миллион сомдук имарат салыптыр, муну эмнеге карабайсыңар? Тайырбек Дүйшекеевич, өткөндө Текебаев сизге улам-улам ракмат айтып жаткан, муну эмнеге карабайсыңар? Чакан ГЭСи турат, эмнеге канча налог төлөп жатканын карабайсыңар? Бир айдан бери силерге жазам, жооп да бербейсиңер. Бул бир. Мен факты менен сүйлөйүн, беш, баасы 200-300 миң доллардык…  – деп келатканда спикер Чыныбай Турсунбеков “Мээрбек Жайлообаевич, сиз, жыйындын күн тартибиндеги маселе боюнча сүйлөңүз!” деп талап кылды.

“Текебаев күндө эле чыгып айтып жатпайбы. Биз да чындыкты айталы десек сөз бербейсиңер. Чындык чычалатат болуп жатпайбы”, деди Мээрбек Мискенбаев.

“Урматтуу Мээрбек Жайлообаевич,  бул маселелерди кезеги келгенде айтасыңар, сиз бүгүнкү күн тартибиндеги маселе боюнча айтышыңыз керек эле. Сөз кезеги Максат Сабировдо” деп Турсунбеков жыйынтыктады.

“Ал маселени бизге бериңиз, депутат айтып жаткандан кийин биз карашыбыз керек, карайбыз!” деп премьер-министр Сооронбай Жээнбеков депутат Мээрбек Мискенбаевдин кагазды сурап алды.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Зиядин Жамалдинов, ЖК депутаты: “Ишкер иммигранттарга уруксаат берүүнүн акысын кайра карап чыгуу керек”

“2006-жылдын 31-октябрында кабыл алынган Өкмөттүн № 754- токтому чет элдик жумушчу күчтөрүнө каралган квотанын негизинде уруксаат берүүнүн жол-жоболорун тактайт”,- деди бүгүн, 21-сентябрда депутат Зиядин Жамалдинов, “Парламент” радиосуна курган маегинде.

Бирок, ошол токтомдогу уруксаат  алуунун акысы 2 миң сом деп көрсөтүлгөн боюнча инфиляцияга карабастан, эч бир өзгөрүүсүз кала берген. Ошондуктан, чет элдик жарандар Кыргызстанга келип ишкердик кылам деп  суранса, уруксаат алуунун акысын 20 миңден 50 миңге чейин жогорулатуу зарыл деп демилгелеп жаткандыгын айтат депутат. Былтыр, 2015-жылы чет элдик иммигранттарга 14 490 квота берилгендигин тактаган эл өкүлү мындай каражат булагы менен бюджетке бери жагы 50 млн. сом түшөөрүн эсептеген. “Себеби, Дордойдо, Кара-Суудагы базарда иштеген жеке кытай жарандары аз дегенде уруксаат алыш үчүн 20 миң сомдон кем акча төлөшпөйт. Муну кылдат карап көрүш керек”,- дейт З. Жамалдинов.

Он жылдан бери  ошол Ф.Кулов өкмөттү жетектеп турган мезгилде кабыл алынган токтом эмнеге жаңыртылбай келди?- деп суроо койгон депутат бул жагдайды иликтөө зарылчылыгын белгилейт. Мисалы, кытайлык же түркиялык ишкерлер жергибизге келип завод ача турган болсо, андагы иштей турган адистерди чет өлкөдөн ала келсе, анда алардын ар бири үчүн жылына жок дегенде 50 миң сом төлөөгө милдеттүү болуш керек,- деген сунуш менен чыгып жаткандыгын да кошумчалады депутат. Бул юридикалык тараптарга тиешелүү. Ал эми жеке чет элдик жарандар Кыргызстанда ишкердик кылуу ниетин билдиришсе анда алар  жылына уруксаат алуу үчүн 20 миң сом эмес, 60 миң сом төлөөгө тийиш,- деп сунуштай тургандыгын да маалымдады парламентарий.

Төлөгөн Келдибаев: “Абдулла Фалех Жабир кайрадан Кыргызстанга кирүүгө аракет жасап жатат"

Абдулла Фалех Жабир, “Табарак” диний кайрымдуулук фондунун башчысы, Ирактын жараны 2016-жылдын 27-июнда УКМКнын расмий билдирүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынан  15-жылга чейин кирбөөгө тыюу салуу менен чыгарылган.

Себеби мурда маалымдалгандай  Кыргызстандагы “Табарак” диний кайрымдуулук фондунун жетекчиси болуп иштеген  Абдулла Фалех Жабирдин кыргыз кызы менен бир түнгө нике үчүн чет өлкөлүк досторуна 20-25 жаштардагы кыздарды таап берүү боюнча аудио сүйлөшүүсү интернет аркылуу тарап кеткен.Мындан сырткары башка жосунсуз жоруктарынын аудио тасмасы таркап кыргыз коомчулугун нааразы кылган, Абдулла Фалех Жабирди коомчулук өлкөдөн кууп чыгуу үчүн  издей башташканда бийлик тарабынан  өлкөдөн чыгарылган.

Айрым маалыматтарга таянсак Абдулла Фалех Жабир кайрадан Кыргызстанга кирүүгө аракет жасап,Өлкөнүн ар кандай деңгээлдеги саясатчылары жана чиновниктери менен сүйлөшүүлөрдүү жүргүзүп жатат деген каңшаар тарады.

Ирактык   Абдулла Фалех Жабир  Кыргызстанга кайра келе турган болсо, Биз Кыргыз элинин намысын кордогон деп – эсептейбиз. Бул деген кээ депутат саясатчылардын, Кыргызстан Дин башкармалыгынын колдоо көрсөткөнү деп билебиз. Абдулла Фалех Жабирдин мындан башка да   кыргыз элине кылган кыянатчылыгын жазууну туура көргөн жокпуз.

Төлөгөн Келдибаев, “Кыргыз-Ата” партиясынын лидери

Фотобаян - Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы жаштардын спорттук акциясы өттү

Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси менен «Дени сак жаштар – ден сак өлкө»  чакырыгы алдында жаштар арасында атайын спорттук акция өткөрүлдү.  Аталган акциянын катышуучулары болушкан жаштар марафонунун катышуучулары   айтылуу мисте токоюна курчалган «Жалал-Абад» санаториясынан баштап,  шаардагы борбордук «Эркиндик» аянтына чейинки аралыкка марафондук чуркоо мелдешин өткөрүштү.  Сергек жашоого үндөгөн марафондук чуркоонунун катышуучулары болочок эненин  боюна түйүлдүк бүткөндөн баштап,   2 жашка чейинки наристелерди туура тамактандыруу, дегеле жаштарга туура тамактандыруу боюнча шаардыктарга жана ата-энелерге кошумча маалыматтарды таратууну өзүнүн негизги милдеттери катары кабыл алышты.

Жалал-Абад шаарындагы атайын жана жогорку окуу жайларынын стдуденттери катышкан 4,5 км. марафондук жарыш аягына чыккан соң шаардагы борбордук «Эркиндик» аянтында акцияны өткөрүүгө арналган жыйын болуп өттү. Анда акциянын катышуучуларын Жалал-Абад шаардык мэриясынын бөлүм башчысы  Гулина Базаркулова акциянын өтүүсү менен жаштарды куттуктады. Ал эми SPRING  долбоорунун координатору Аида Шамбетова туура тамактануунун мааниси тууралуу жаштарга кенен маалымат берди. Ачыгын айтканда, түйүлдүк  эненин боюна бүткөндөн тартып, ымыркай 2 жашка чыкканга чейинки мөөнөттө  наристелерди туура тамактандыруу боюнча болочок энелерге жана балдарын тарбиялап өстүрүп жатышкан энелерге ден соолугу  чың  наристелерди тарбиялап өстүрүү боюнча көптөгөн пайдалуу кеп- кеңештер жана сунуштар  берилди. «Дени сак жаштар – дени сак өлкө»  спорттук акциясын өткөрүүгө  SPRIHG долбоору  өзүнүн демөөрчүлүк жардамын көрсөттү.

«Дени сак жаштар – дени сак өлкө» акциясынын катышуучулары болушкан Жалал-Абад шаарындагы атайын жана ЖОЖдордун студенттери  4,5 км. марафондук чуркоо, аркан тартмай, жаздык урмай, колду бүгүп-түзөтүү, олтуруп турмай жана ордунан узундукка  секирүү  мелдештери боюнча күчтөрүн сынашты. Байгелүү орундарды камсыз кылышкан жаштарга атайын баалуу белектер тапшырылды.

zha-zhashtar3

zha-zhashtar4

zha-zhashtar5

zha-zhashtar6

zha-zhashtar7

zha-zhashtar

Жолдошбай Осмонов, журналист. Жалал-Абад шаары

Төлөгөн Келдибаев: “Абдулла Фалех Жабир кайрадан Кыргызстанга кирүүгө аракет жасап жатат"

Абдулла Фалех Жабир, “Табарак” диний кайрымдуулук фондунун башчысы, Ирактын жараны 2016-жылдын 27-июнда УКМКнын расмий билдирүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынан  15-жылга чейин кирбөөгө тыюу салуу менен чыгарылган.

Себеби мурда маалымдалгандай  Кыргызстандагы “Табарак” диний кайрымдуулук фондунун жетекчиси болуп иштеген  Абдулла Фалех Жабирдин кыргыз кызы менен бир түнгө нике үчүн чет өлкөлүк досторуна 20-25 жаштардагы кыздарды таап берүү боюнча аудио сүйлөшүүсү интернет аркылуу тарап кеткен.Мындан сырткары башка жосунсуз жоруктарынын аудио тасмасы таркап кыргыз коомчулугун нааразы кылган, Абдулла Фалех Жабирди коомчулук өлкөдөн кууп чыгуу үчүн  издей башташканда бийлик тарабынан  өлкөдөн чыгарылган.

Айрым маалыматтарга таянсак Абдулла Фалех Жабир кайрадан Кыргызстанга кирүүгө аракет жасап,Өлкөнүн ар кандай деңгээлдеги саясатчылары жана чиновниктери менен сүйлөшүүлөрдүү жүргүзүп жатат деген каңшаар тарады.

Ирактык   Абдулла Фалех Жабир  Кыргызстанга кайра келе турган болсо, Биз Кыргыз элинин намысын кордогон деп – эсептейбиз. Бул деген кээ депутат саясатчылардын, Кыргызстан Дин башкармалыгынын колдоо көрсөткөнү деп билебиз. Абдулла Фалех Жабирдин мындан башка да   кыргыз элине кылган кыянатчылыгын жазууну туура көргөн жокпуз.

Төлөгөн Келдибаев, “Кыргыз-Ата” партиясынын лидери

Фотобаян - Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы жаштардын спорттук акциясы өттү

Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси менен «Дени сак жаштар – ден сак өлкө»  чакырыгы алдында жаштар арасында атайын спорттук акция өткөрүлдү.  Аталган акциянын катышуучулары болушкан жаштар марафонунун катышуучулары   айтылуу мисте токоюна курчалган «Жалал-Абад» санаториясынан баштап,  шаардагы борбордук «Эркиндик» аянтына чейинки аралыкка марафондук чуркоо мелдешин өткөрүштү.  Сергек жашоого үндөгөн марафондук чуркоонунун катышуучулары болочок эненин  боюна түйүлдүк бүткөндөн баштап,   2 жашка чейинки наристелерди туура тамактандыруу, дегеле жаштарга туура тамактандыруу боюнча шаардыктарга жана ата-энелерге кошумча маалыматтарды таратууну өзүнүн негизги милдеттери катары кабыл алышты.

Жалал-Абад шаарындагы атайын жана жогорку окуу жайларынын стдуденттери катышкан 4,5 км. марафондук жарыш аягына чыккан соң шаардагы борбордук «Эркиндик» аянтында акцияны өткөрүүгө арналган жыйын болуп өттү. Анда акциянын катышуучуларын Жалал-Абад шаардык мэриясынын бөлүм башчысы  Гулина Базаркулова акциянын өтүүсү менен жаштарды куттуктады. Ал эми SPRING  долбоорунун координатору Аида Шамбетова туура тамактануунун мааниси тууралуу жаштарга кенен маалымат берди. Ачыгын айтканда, түйүлдүк  эненин боюна бүткөндөн тартып, ымыркай 2 жашка чыкканга чейинки мөөнөттө  наристелерди туура тамактандыруу боюнча болочок энелерге жана балдарын тарбиялап өстүрүп жатышкан энелерге ден соолугу  чың  наристелерди тарбиялап өстүрүү боюнча көптөгөн пайдалуу кеп- кеңештер жана сунуштар  берилди. «Дени сак жаштар – дени сак өлкө»  спорттук акциясын өткөрүүгө  SPRIHG долбоору  өзүнүн демөөрчүлүк жардамын көрсөттү.

«Дени сак жаштар – дени сак өлкө» акциясынын катышуучулары болушкан Жалал-Абад шаарындагы атайын жана ЖОЖдордун студенттери  4,5 км. марафондук чуркоо, аркан тартмай, жаздык урмай, колду бүгүп-түзөтүү, олтуруп турмай жана ордунан узундукка  секирүү  мелдештери боюнча күчтөрүн сынашты. Байгелүү орундарды камсыз кылышкан жаштарга атайын баалуу белектер тапшырылды.

zha-zhashtar3

zha-zhashtar4

zha-zhashtar5

zha-zhashtar6

zha-zhashtar7

zha-zhashtar

Жолдошбай Осмонов, журналист. Жалал-Абад шаары

Видео - КСДПнын эң "этикалуу" депутаты Кожобек Рыспаев Өмүрбек Текебаевге депутаттык этиканы үйрөттү

КР Жогорку Кеңешинин 13-сентябрындагы отурумунда бир кезде Кыргызстанды Япониядагы мейманканада  уят кылып, шылдың болуп келген, депутаттык этиканы “өтө мыкты” билген КСДПчы депутат Кожобек Рыспаев анын ою боюнча элементардык этиканы билбеген Өмүрбек Текебаевге депутаттык этика тууралу акыл-насаат айтты.

“Жогорку, эл сыйлаган Алмаз Атамбаевди кордобоого”, жалпылап коргоого чакырды. “Бизди, депутаттарды Көмөндөр оюнуна  чурулдатып автобуста алып барышты, ал эми министрлер кызмат машиналар менен келип атышты бизди издеваться этип” деп кейиди.

“Акты ак, караны кара деп айтышыбыз керек. Туураны туура, туура эмести туура эмес деп айтыш керек” деди.

https://www.youtube.com/watch?v=U9NFlEm8AI0&sns=fb

Видео:”Ысык-ТВ”

Украинада Крымдагы добуш берүү боюнча кылмыш иши козголду

Аннексияланган Крымдын аймагында Орусиянын парламенттик шайлоосу өткөндүгүнө байланыштуу Украинада өлкөнүн аймактык бүтүндүгү жана кол тийбестиги боюнча кылмыш иши козголду.

Буга чейин Украинанын Жогорку Радасы Мамлекеттик думага болгон шайлоону мыйзамсыз деп таануу чечимин кабыл алган. Тиешелүү токтом долбоорун украин парламентине «Элдик фронт» партиясы дүйшөмбү күнү сунуштаган. Анда эл аралык коомчулукту Орусиянын шайлоолору боюнча украин позициясын колдоого чакырышкан.

Күн мурун Украинанын тышкы иштер министрлиги Крымдын аймагындагы шайлоону айыптаган билдирүү тараткан. Украинанын аймагында Орусиянын Мамдумасын шайлоо боюнча тилкелерди ачуу эл аралык укуктардын фундаменталдык ченемдери менен принциптерин одоно бузуу болуп саналат, деп айтылат ал билдирүүдө.

Жарым арал аймагындагы Мамлекеттик думага шайлоону Кошмо штаттар менен Европа биримдиги да тааныган жок.

Крым Орусия тарабынан 2014-жылы аннексияланган. Украина менен эл аралык коомчулук Крымдын Орусияга кошулушун тааныбайт жана жарым аралды Украинанын аймагы катары эсептейт.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Барак Обама БУУнун Башкы Ассамблеясында акыркы кайрылуусун жасады

Барак Обама Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын алдында сөз сүйлөдү. АКШ президенти эл аралык коомчулук өкүлдөрүнө кайрылып, азыркы дүйнө тарыхый чакырыктарды жеңүүгө болуп көрбөгөндөй жөндөмдүү экенин белгиледи.

Обама өз сөзүндө авторитаризмге караганда демократияга карай ташталган кадам жакшы экенин билдирди. Анын айтымында, көз карандысыз маалымат каражаттары бийликти көзөмөлдөп, анын кыянат кылуусунун алдын алышы керек.

“Мен Американын мисалы уникалдуу деп ойлобойм”, – деди Обама. Ал калкы өз сөзүнө ээ эки өлкөнү мисал келтирди. Президент мурдагы советтик блоктогу Европа өлкөлөрү азыркыдай деңгээлге демократияны өнүктүрүүдөгү аракеттеринин аркасы менен жетишкенин айтты.

Президент Орусияны Украинанын ишине кийгишип жаткандыгы үчүн, Түндүк Кореяны өзөктүк курал тармагында эл аралык коомчулукка чакырык таштагандыгы үчүн сынга алды.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Фото - Түркияда Алмаз Атамбаев эс алып жаткан "Шератон" мейманканасынын бир суткага баасы $ 11.000. доллардан ашык турат

Алмаз Атамбаев эки күндөн бери Түркиянын Измир шаарында ооруп жатканы тууралу маалыматтарды берип жатышкан маалымат агенттиктери Атамбаевди бирде ооруканада дарыланып жатат дешсе, бирде америкалык эл аралык мейманканалар тармагына кирген “Шератон-Чешме” 5 жылдыздуу отелинде эс алып жатат деп билдиришүүдө.

Түркиянын маалымат агенттиктери Алмаз Атамбаевди Стамбул аэропортунда самолеттон түшүрүп, “тез жардам” машинасына салып кетишкендиктерин билдиришкен. Медициналык кароодон өткөндөн кийин Атамбаев Измир курорт-шаарындагы Sheraton Cesme Hotel, Resort And Spa мейманканасына барып орношконун жаза башташты. Мейманканын атына СПА жана Курорт деп кошо жазылыган. Измир шаары Стамбулдан 500 чакырымдай алыс турат.

Алмаз Атамбаев жана аны тейлеп жүргөн жардамчылары, жан сакчылары, ашпозчу, дарыгерлери жайгашкан Эгей деңизинин жээгиндеги Sheraton Cesme Hotel, Resort And Spa мейманканасынан орун алуу үчүн интернет аркылуу номер заказ кылууга аракет кылсак, эң арзан номери бир сүткөгө 182 доллар, ал эми эң кымбат, пентхаус номерин 11.154. долларга сунуш кылышты. Ал номер да 4-октябрдан баштап бошойт экен. Бул бир эле суткага, ал эми президенттин басма сөз кызматы президент 1-октябрга чейин эс алышы мүмкүн деп билдирүүдө.

sheraton-penthaus-prajs

 

Төмөндө Атамбаев жана анын жан-жөкөрлөрү жайгашкан Sheraton Cesme Hotel, Resort And Spa мейманканасынын сүрөттөрү:

sheraton-cheshme-izmir2sheraton-cheshme-izmir3

sheraton-cheshme-izmir4

sheraton-cheshme-izmir5

sheraton-cheshme-izmir6

sheraton-cheshme-izmir7

sheraton-cheshme-izmir8

sheraton-cheshme-izmir9

sheraton-cheshme-izmir11

 Sheraton Cesme Hotel, Resort And Spa мейманканасы тууралу маалыматтар жана сүрөттөр мейманкананын расмий сайтынан алынды

Булак: Кyrgyztoday.kg

Мирзиёев Ангренге келерде миңдеген адам көзөмөл алдында шаарды тазалады

Ташкент облусунун Ангрен шаарынын бюджеттик мекемелеринин кызматкерлери, мектеп жана колледждердин окуучулары массалык түрдө калааны тазалоого чыгышты. Өзбекстан президентинин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёевдин келерине байланыштуу жергиликтүү бийлик аларды мажбурлап иштетти.

Миңдеген адам үч күн бою атайын күзөтчүлөрдүн көзөмөлү алдында шаарды тазалап чыкты. Мындан тышкары Ангрен базарында товарларга болгон баа 20-25 пайызга төмөндөтүлдү.

Иш сапар алкагында Мирзиёев “Ангрен” атайын индустриалдашкан зонасын жана жылуулук электрстанциясын, ошондой эле дыйкандардын базарын кыдырды.

Маалымдалгандай, Өзбекстанда мурда деле бул сыяктуу окуялар болгон. Өлкө башчы кайсы бир аймакка барганда базар администрациясы бааларды кескин төмөндөтүп, бирок президент кеткенден кийин кайра наркты калыбына келтирчү.

Өзбекстандын тунгуч президенти Ислам Каримов 2-сентябрда 78 жаш курагында дүйнө салган. Өткөн жумада Өзбекстандын Либерал-демократиялык партиясы өлкө башчылыгына 59 жаштагы Шавкат Мирзиёевдин талапкерлигин жылдырган.

Источник: Служба новостей Центральной Азии

Надира Нарматова, экс-депутат: "Парламент жооперчиликти мойнуна алыш керек"

КР ЖКнын экс-депутаты Надира Нарматова өзүнүн фейсбуктагы баракчасына Кыргызстанда бүгүн түзүлгөн саясый кырдаал тууралу ой жүгүрткөн пост жазыптыр:

“Президент болгону менен канткенде да ал киши да, адам да, ооруп калса да жөн койбосок.

Түрдүү сүрөтүн коюп алып, ар кандай туура эмес комментарийлерди жазышканын окуп көңүл чыдабады досторум.

Бул жакта менин эски коллегам, юридикалык билимди чогуу алган группалашым Өмүрбек Чиркешовичти кечээ, Кой-Таштыктардын жеке тосуп алып, ажылдап жаткандарына, өзү жалгыз күйүп-бышып түшүндүрө албай таланып жатканын көрүп, чын эле кайда баратабыз -деп, жакамды кармап тообо келтирдим достор.

ЖКда түзүлгөн мародерлор боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөсү, бюджет жана финансы комитетининде түзүлгөн АУБ менен кутучалар (ячейка) боюнча комиссиянын төрайымы, аял, эне катары, болуп жаткан коомдогу өйдө- төмөн пикир келишпестиктерди көрүп, окуп, саресеп салып турган бүгүнкү күндөгү саясатчы, коомдук ишмер катары калыс сөзүмдү, оюмду билдиргим келди. Пропозициясына да, оппозициясына кошулганды жактыра бербеген, өз позициям менен, эл тарабында жүргөн саясатчымын. Саясый оюнчу болуп, интригалардын арасында жүргөндү көп жактыра бербеймин. Ошондой болсо да “баш кесмек бар, тил кесмек жок”-деген накыл сөздү пир тутуп калыстык оюмду билдирүүнү туура таптым, достор. Мени туура түшүнүүгө аракет кылгыла.

Ысык жанбыз, эч ким өзүнө-өзү кепилдик бере албайт, бир сааттан кийин эмне болушубузду бир жараткан Алла билбесе, койнуңда жаткан жолдошуң да билбейт.

Бардык нерсе Жараткан Алланын буйругуна боло тургандыгын кам сүт эмген ар бир пенде жакшы билебиз.

Түшүнүп туруп, түркөйлүккө салып, текеберлене берген деле жакшы эмес.

Аллахым буйруп насип кылып, ырыскысын кошуп турган үчүн, Эл башы, Журт башы, Элдин атасы, Мамлекет башчысы, Президент болуп, эл шайлайп, элдин кепилдиги, керек болсо Конституциянын кепилдиги жүктөлөт. Буйурбаса, чуркасаң да болбойсун.

Президент сыяктуу, депутаттар да Алланын буйругу менен эптеп-септеп, аттап- буттап, алкынып-жулкунуп, айла кеткенде акчага сатып алып, алдап-солдоп, өлүп да кетсин деп, тапкан-тутканын чачып, таратып, жалган-жашыкты айтып, куру-пуру убаданы берип, коркутуп-соркутуп, колдобосоң өлөсүң, жашашыңды ойло деп опузалап, кайда болбосо кызматта кетесиң, пенсияңды бербей, пособияңды албайсың, көчөгө бастырбайм, көчүрүп жиберем, туугандыктан кечем, кызыңды үйүңө айдап жиберем, ак кылам, көк кылам, кечип кетем, болбосо колуңа өлүп берем , сени жыргатам, жаныма алып жүрөм, жарыкчылыкта жүрөсүң, бошотуп алам, куткарып алам, мени колдобосоң акмагыңды чыгарам, колдосоң жыргатам, -деп “Эшеги ылайдан өткөнчө” арам алыштан тапкан акчасын айоосуз чачып, жетим -жесирден кабар алып, ыйламыш болуп, күйүмүш болуп, догурунуп, көрүнгөнгө ормолоп жүгүнүп, чамынып, төгүлүп жатса , ыйы Аллага жетип,” кой эми чачылып төгүлгөндүн сообун берип койоюн”- деп, Аллахым дагы бир жолку буйругумду чыгарып койоюн деп, боор ачып, буйруп койсо, минтип парламентке депутаттар деле келип олтуруп калат экен. Демек, бардык нерсе Алланын буйругунан. Каалайбызбы, каалабайбызбы элдин колдоосу менен келди . “Бактылуу менен баалашпа, таалайлуу менен талашпа” – деген сөз бар. Ушундай жол менен бийлике келгенге, Аллахымдын буйругуна себепкер өзүбүз шайлоочуларбыз.

Бергенин алдык, жедик, чөнтөккө салдык, жумшадык, анан бет чыдабай добуш бердик.

Айыпты өзүбүздөн көрбөй кечке Президент менен депутатка асылабыз. Качан кутулабыз? – деп.

Кимге суроо беребиз?

Чечимди өзүбүз чыгарып чокуга өзүбүздүн каалоо менен олтургузсак.

Ошол бийликте олтуруп алып, бир-биринин тамаркасына таш ыргытып, акыйнек айтышып, көздүн кыры менен бири-бирин тиктеп, эмне болуп кетет экен деп андышкан, чукулашкандарды өзүбүз напсибиз бузулуп, алып- сатып шайлап алганбыз.

Оомат кушун Аллахым башына кондуруп койсо, маңдайына жазылып турган ооматты кармап кетүү, Президент менен депутаттардын милдети.

Себепчи болгон шайлоочунун, буйруп койгон Алланын алдында, парасаттуулук менен ээлеген кызматын, ээ билген напсисин тыйып , болгонуна шүгүр кылып, ар дайым тообасына жанып, ак эмгеги менен адилеттүү бийлик жүргүзүү оомат коштогон адамдардын жоопкерчилигинде, абийиринде.

“Ынтымак бар жерде, ырыс бар”- демекчи, болгонуна шүгүр кылбай, соодалашуу, куйсупурлук кылуу, напсисин тыйбай, эл менен эсептешпей, эшеги ылайдан өткөндөн кийин,”кайдан көрдүм кара эшек, жолдон көрдүм көк эшек”- дегендей шайлоочуңду да, буйруп койгон Аллаңды да унутуп, бир-бирин тепкилеп , ичкен казандарына түкүрүп, бири-бирине асылышып, , аңдышып, бирин-бири сатып турса, ушундай кесир болуп, ырк кетет.

Эл тынч уктабай калат.

Дагы эмне шойкомду баштаганы турушат деп.

Аллахым да “Ээ кам сүт эмген пенде, мен сага боор ачып, оомат берсем, шүгүр кылгандын ордуна, напсиңди тыйбайсың, тообо кылбайсың, ич- ичиңден, бир-бириңди тытып жат. Ошондо көзүңөр ачылаар”-дегендей ишаарат кылып ушундай сыноону берип жаткандыр.

Элдин алдына биротоло шымаланып чыгып алып, бир-бирин сенсиреп, акыйнек айтышып, “сенден мен каламбы”,”сен айтсаң мен да айтам”-дегенсип, тытышып жатып калышты.

Тиктеп, тамаша кылып, саресеп салып турган эл “Ишенген кожом сен болсоң, түкүрдүм баарыңа. Тойдум байдын кызына “-деп, басып кете турган деңгээлге жетип калды.

Депутаттардын Парламенттин ичинде туруп алып, алыстан бир-бирине тиш кайрагандары да, жакшылыктын жышааны эмес.

Президентибиздин ооруп калганы да жакшы эмес. Бул Алланын сыноосу.

Пейилибизге, ниетибизге жараша күнүбүздү чыры-чуулар коштоп жатат.

Тообо келтирели достор! Иш сапарынын аягына жетпей, орто жолдо ооруп калганы, “пейилиңерди, ниетиңерди түздөгүлө”- деген, Алланын эскертүүсү болуп жүрбөсүн?

Президентибиз кандай болгондо да мыйзамдуу мамлекет башчыбыз. Мамлекеттин атасы. Атасына баласы качан каяша айтчу эле, ооруса табалачы эле, Атадан ашкан бала, мен сенден кыйынмын деп айтчу беле, сасык деп мурдубузду кесип таштай албайбызда.

Андан көрө, Аллахым шыпаасын берип, эсен-аман сакайып, өлкөбүзгө келип, айтылган, акыйнек, кайым айтышуулардын чын-төгүнүнө жетип, элдин алдында жүздөрүн ачып, жоопсуз калган суроолордун жообун берип, тарыхта таза бойдон иштеп кеткен Президент же Эл башчысы деген макамга таттыктуу кылып, өз мөөнөтүндө узаталы досторум.

“Эки дөө урушса, ортодо чымын өлөт болуп”- ортодо эле карапайым эл кыйналат. 25 жылдан бери мындай дөөлөрдүн кырылышып, бийлик талашынан эч кимисинин мурутунан кылы кыйшайып койгон жок, баягы эле өз жанын өзү эптеп баккан карапайым эл кыйналат.

Жогорку Кеңеш Төрага баш болуп 120 депутат, мындай кырдаалда элдин өкүлдөрү катары жоопкерчиликти алууга милдеттүү.

Эки тараптуу диалогдорду уюштурсун. Оппозициялык күчтөдүн өкүлдөрүн, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн бириктирип, бир столдо беттештирип,

ийри олтуруп, түз кеңешүүгө , түшүнүшүүгө шарт түзгөн жоопкерчиликти алуу керек.

Жогорку Кеңешке мындай кадамга барганга толук мүмкүнчүлүгү бар.

Байкоочулук позицияны кармаап, бир жактуу акырын колдомуш болуп, пысып олтурушпай.

Алардын элдин атынан сүйлөгөнгө, аткаруучуларга талапты койгонго Конституциялык укугу бар, эл тарабынан шайланган адамдар.

Кырылышкандын бардыгы бир имараттын ичинде, баары чогу, бирин-бири издөөнүн зарылчылыгы жок.

Бир крандан суу ичип, бир ашканадан тамак жеп, күнүгө көздөрү көздөрүнө түшүп турат.

Экинчиден, бүгүнкү кайым айтышууга себепчи болуп жаткан маселелер 2010- жылкы апрель төңкөрүшү, май, июнь айындагы Ош, Жалал-Абад окуясы, анын чыгуу себептери, күнөөлүүлөдү жоопкерчилике тартуу, улут аралык маселелеррдеги тиешелүү адамдар Кадыржан Батыров, Иномжан Абдурасулов, Караматхан Абдуллаева, Жамалидин Салахидиновдорду , Убактылуу Өкмөттүн тиешеси бар мүчөлөрүн жоопко тартуу, “мародерство” боюнча, АУБ жана ячейкалардагы акча каражаттар, мурунку бийликте турган адамдардын кыймылсыз мүлктөрүн улутташтыруу, кылмыштагы ууру Батукаевдин чыгып кетиши, Азимжан Аскаров жөнүндө ж.б. маселелер боюнча Жогорку Кеңеште комиссиялар түзүлүп, талкууланып тиешелүү токтомдор кабыл алынган.

Кабыл алынган токтомдордо тиешелүү укук коргоо органдарына, Өкмөткө, башкы прокуратурага тапшырмалар берилген, конкреттүү талаптар коюлган.

Тилекке каршы, ЖКтин токтомдорунда тиешелүү талаптар коюлгандыгына карабай беш-алты жылдан бери аткарылбай, эч ким жооп бербей, коюлган талаптар укук коргоо органдары жана Өкмөт тарабынан аткарылбай келет.

2010-жылкы апрель, май, июнь окуяларынын келип чыгуу маселелери боюнча комиссиянын жыйынтыгын талкуулаганда 37 пункттан чечим кабыл алынган.

Айтылбаган, белгиленбеген нерсе калган эмес, эмне тоскоолдук кылды токтомдун талаптарын аткарганга деген суроо келип чыгат?

Эмне үчүн ЖК өзүнүн Конституциялык укугунан пайдаланып, кабыл алган токтомун көзөмөлдөбөйт, контролдука албайт, талап кылбайт? -деген суроо пайда болот.

Өзүбүзгө-өзүбүз түйшүк ашырып, Шаршенчесинен эле кайра-кайра бир жерде айлана бериш керекби?

Эми кайра баштап комиссия түзүүнүн зарылчылыгы барбы?

Элди дүрбөтүп, алты жылдан бери 37 пункттан кабыл алынган токтом бажырайып жазылып турат.

ЖКтин комиссиясынын сырткары, Эл аралык уюмдардын түзүлгөн комиссия, Абдыганы Эркебаевич жетектеген улуттук комиссия кабыл алган жыйынтыктардын токтомдорундагы талаптарда так даана коюлган.

Үч комиссиянын койгон талаптары, ЖКтин токтомдорунда коюлган негизги талаптардын 70-80 % аткарылган жок. Эмне тоскоолдук болду?

Ошол эле өңдөр, ошол эле түстөр, жоголуп кетишкен жок.

Жүрөт баары эле токтобой, жиптин учун кармап алып, кыймылдатып, кыймылдатып коюп, жан сакташып, өз турмушунун май талканын чыгарып жашап, сын айткан адамга “нападенияга” өтүшөт, беттен алат.

Ал шактан, бул шакка секирип эле жүрүшөт. Эч ким жооп бербейт.

Жоопкерчиликти сураган адам болбосо, кайра чон кызматтарга көтөрүп койсок.

Ким жоопкерчиликти сезет?

Мисал катары.

Эч нерсе аткарылбай жатса башкы прокурордун иштерин беш-алты жылдан бери канааттандырарлык деп баалап, эки жолу башкы прокурорду шайладык.

Өкмөттү алты жылда, алты жолу алмаштырдык. Жогорку Кеңештин токтомун эстеген адам жок болсо керек, ырас аткарылбай жаткандан кийин.

Ошондуктан, Жогорку Кеңеш мыйзам чегинде эле ошол токтомдордун аткарылышы боюнча күн тартибине маселе киргизип, Президентти баш кылып, Өкмөттү тиешелүү укук коргоо органдарын, Текебаев өзү ошол жерде олтурат, керек болсо Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн, бардык тиешеси бар кишилерди бир жерге чогултканга мыйзам жол берет.

Эмне үчүн жолугуп сүйлөшүшпөйт? СӨЗСҮЗ ММКлардан ТЕЛЕВИДЕНИЕ, ПРЕСС КОНФЕРЕНЦИЯ ЖЕ ЧОҢ МИКРОФОНДОН СҮЙЛӨШ КЕРЕКБИ?

Элдин тынчын алып.

Жыйынтыктап айтканда, Президентибизге жана Өмүрбек Чиркешович Текебаевге Аллахым ден-соолук берсин, сабырдуулук, ынсап берсин өздөрүнө Аллахым.

“Айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле”-демекчи эки тараптуу тең, аз мынча сөз айтылган жок.

Шапалак бирине бири барабар тийгенда тарс эткен добуш чыгат.

Ошондуктан, “Буттан тайган кагынып туруп кетет, тилден тайгандын турушу кыйын”, “Тилдин сөөгү жок, бирок андан калган көңүл көп”.

Эки тарап бири-бирине айткан акыйнектерди өздөрү чечмелеп бербесе, калың Журттун алдында жакшы пикир болбой калды. Күндөн-күнгө ырбаган мамилени көрүп, “Ай караган текедей” элибиз “эмне болуп кетет экен”- деп, кулак түрүп, тыңдап олтурат. Эл деген элек. Бийликке карап Өлкө эли түздөнөт.

Айтылган жоопсуз суроолорго жооп айтыш үчүн, ден-соолук керек. Президентибизге жана Өмүрбек Чиркешович Текебаевге Аллахым акыл калчап, ачууну жутуп, кечиримдүүлүк менен сабырдуулукту пир туткан мунөздү берсин.

Элге тынчтык гана керек.

Карапайым элге Конституцияңдын да, бийлигиңдин да кереги жок.

Ызы-чуу, кайым айтышып, чукушканды, акыйнек айтышканды угуп, көңүлү бузулгандан көрө, күндөн-күнгө жашоо оорлошуп, бир курсакты тойгүзуу да кыйынга туруп жаткан мезгилде, карапайым калкка бала-чакасынын тынчтыгы, курсагынын токтугу, күз күрөш болуп жатканда жыйым-теримин бүткөрүп, кышка отун-суусун камдап алганы маанилүү.

Бардыгыбыздын ниетибиз түз, багытыбыз туура болуш үчүн, сабыр, сабыр жана чексиз сабыр берсин Аллахым, жакшылыкка ниет кылалы досторум…

Надира Нарматова, экс-депутат

Видео - Жихадчылар «колго түшкөн ФСБ офицери» тартылган видеону таратышты

«Ислам мамлекети» экстремисттик тобу Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) колго түшкөн офицери делген адам тартылган видео жарыялады. Экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүктөрүнө байкоо салууга багытталган SITE intelligence group басылмасынын маалыматы боюнча видеодогу адам озүн Евгений Петренко деп тааныштырууда.

Ал Владимир Путин менен орус калкына кайрылып, тапшырма аткаруу маалында «халифаттын коопсуздук кызматы» тарабынан колго түшкөнүн билдирген.

“Евгений Петренко” каттоосу Москва облусунда экенин айтып, Орусия ФСБсынын Москва шаары боюнча 2-ыкчам бөлүгүнүн капитан наамына ээ штаттан сырткаркы кызматкери экенин билдирген. Ал туткундан бошотууну суранды.

Жихадчылар тарабынан жарыяланган видео боюнча Орусия бийлигинен же ФБС өкүлдөрүнөн расмий комментарий жок.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Видео: РБК

Видео - Алмаз Атамбаевди Стамбул аэропортунда самолеттон кантип түшүрүп, "тез жардам" машинасы салып кеткени тууралу видеотасма дүйнөгө таркап кетти

Бишкектен Нью-Йоркко учуп баратып, самолетто ооруп калган Алмаз Атамбаевди Стамбул аэропортунда самолеттон кантип түшүрүп алып, анан “тез жардам” машинасына кандайча салып кеткени тууралу Түркиянын “Хаберлер” маалымат агенттигинин видеотасмасы дүйнөгө кеңири таркап кетти.

Источник: Информбюро 31

Түркияда ооруканадабы же мейманканадабы жаткан Алмаз Атамбаев ЖК депутаттарына кайрылуу жасап, конституцияны өзгөртүүнү референдумга алып чыгууга чакырды

Эки күндөн бери Түркияда ооруканадабы же мейманканадабы жаткан Алмаз Атамбаев өлкө Конституциясына оӊдоолордун демилгечилери сунуштаган соӊку текст менен таанышкан соң бул мыйзам долбоорун колдоорун билдирди. Мындай мазмундагы кайрылуунун текстин президенттик аппараттын басма сөз кызматы таратты.

Текст:

«Жогорку Кеңештин депутаттары Мамлекет башчысы жактырган Конституцияга оңдоолор боюнча элдин өзү чечкенге мүмкүнчүлүк берип, мыйзам долбоорун референдумга коёт деп ишенем, – деп билдирди А.Атамбаев. – Депутаттардын мындай чечими Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын бекемдөө,  адилет жана натыйжалуу саясый система түзүүга карай жалпы багытыбызды колдоо катары бааланат».

«Өз элинин жана өлкөсүнүн келечеги үчүн биримдикке келген учурлар ар бир мамлекеттин тарыхында кездешет. Кыргыз Республикасынын эли жана эл шайлаган  Жогорку Кеңеши Президент А.Атамбаевдин мамлекет жана мамлекеттик ишмердигинде эч качан жеке максаттары болбогонуна өткөн беш жылда ынанды деп ойлойм. Кыргызстандыктар жана депутаттар чагымчыларды ээрчирине,  А.Атамбаевдин бийликти узурпациялоо жана жалгыз президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин да бийликте калуу максаты жана каалоосу бар деген сандырак сөздөргө ишенерине көзүм жетпейт.

Акаевдин жана Бакиевдин тушунда конституциялык өзгөртүүлөрдү бийлик ошол кездеги президенттер менен алардын үй-бүлөлөрүнө ылайыктап өткөрүп келишкен. Ал кезде оппозиция эмнеге каршы чыкканы түшүнүктүү эле. Ал эми бүгүнкү негизги каршылаштар, тилекке каршы, бир гана жеке амбицияларынан улам чыгууда. Алар өзгөртүү зарылдыгына макул, бирок маселеге бөгөт коюу үчүн ар кандай себептерди таап жатышат. Бул мамлекеттик мамиле эмес. Бул өлкө келечегин тоготпогондук.

Ошондой эле алардын сунушталган оӊдоолордун арты менен «президенттин айланасынын» бийликте калуу аракети деген «аргументтери» да суу кечпейт. Андайдын жыты да жок экени сабаттуу адамга көрүнүп турат.  Негизи эле Кыргызстанда кийинки Мамлекет башчысы ким болоорун бир же эки жыл мурда эле көрө билген учур болгон эмес, менимче, болбойт дагы. Ошондуктан, “мураскер операциясы” дегенди четке кагарымды дароо эле билдиргем. Оӊдоолор парламентти алсыздандырып, Премьер-министрди өтө эле күчтөнтөт дегенге да негиз жок. Тетирисинче көпчүлүк коалиция күчтөндүрүлүп, чыныгы парламенттик оппозиция пайда болот. Бул оӊдоолор – Кыргызстандын чыныгы парламентаризмди бекемдөөгө карай дагы бир кадамы.

Алты жыл бою элибиз Конституцияга оӊдоо киргизүү зарылдыгын талкуулап келди, дээрлик эки ай коомчулук аталган мыйзам долбоорун талкуулады. Анын жыйынтыгында көптөгөн өзгөртүүлөр киргизилди.

Соӊку беш жылда биздин өлкөбүз чоң жеӊишке жетти – Кыргызстанда баарын эл чечип калды. Бул тынчтык менен туруктуулуктун кепилдиги. Акаев жана Бакиев тушундагыдай революцияга чыгууга аргасыз кылбастан, бийликтин шайлоолор менен алмашуу салты калыптанды.

Ошондуктан Жогорку Кеңеш Конституцияга оңдоо киргизүү боюнча бул мыйзамды колдоп, элдин өзү референдумда тандаганга мүмкүнчүлүк берсе, ал депутаттардын стратегиялык жана акыйкаттык туура чечими болуп калмакчы».

21-сентябрь, 2016-жыл

Александр Лукашенко: Москва Минскке басым жасоодо

Беларус президенти Александр Лукашенко газга болгон баага байланыштуу Орусия Беларуска басым жасап жатканын билдирди. Ал Москва менен Минск бир нече айдан бери көгүлтүр отундун баасы боюнча макулдаша албай жатканын белгиледи.

Лукашенконун пикиринде, буга байланыштуу Орусия тарап Беларуска мунай жеткирүү көлөмүн азайтты. Президент Москванын мындай аракетин өлкөгө басым жасоо катары баалайт. БЕЛТА агенттиги кабарлагандай, бул тууралуу Лукашенко Союздук мамлекеттин баш катчысы Григорий Рапота менен болгон жолугушуусунда айтты.

Беларус президенти өкмөткө постсоветтик мейкиндикте өлкөнүн интеграциялык катышуусун оптималдаштырууну тапшырганын билдирди. Ал Минск Беларустун Евразиялык экономикалык биримдикке катышуусун анализдеп жатканын кошумчалады. “Макулдашкан нерселердин бардыгы тең бузулууда”, деп билдирди беларус лидери.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

 

Казакстан өкмөтү: Кыргызстан үчүн интернеттин кымбатташы териштирилүүдө

 Казакстандын маалымат жана байланыш министри Даурен Абаев Кыргызстандагы интернеттин кымбаттоосу боюнча комментарий берди. Буга чейин кыргыз провайдерлери тарифтердин дээрлик үч эсеге чейин жогорулашына казак тарапты күнөөлөгөн.

«Биз бул маселени кылдап териштирип жатабыз. Кыргызстанга интернет жеткирүү милдетин жеке компаниялар жүзөгө ашырат. Азыр жеткирүүчүлөр бааны жогорулатуу боюнча кутумга барышканбы деген маселени карап жатабыз. Бул базар мамилеси, андыктан өлкө аталган тармакка ашкере кирише албайт. Эгер баа кутуму бар болсо, анда териштиребиз. Бул жерде дагы бир факторду эске алыш керек, биз интернетти Орусиядан алабыз. Бул дагы баа саясатында өз ролун ойнот», – деди Абаев.

Буга чейин Кыргызстандын Операторлор ассоциациясы Казакстан интернет тарифин 1,5-3 эсе жогорулатканын билдирген. Жаңы баа саясатынын себептери ачыкталган эмес. Мындан кийин айрым жергиликтүү операторлор тарифти көтөрүп же ылдамдыкты азайткан болчу.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Тажикстан вице-премьеринин уулу түрмөгө отурушу мүмкүн

Тажикстан ИИМи өлкөнүн биринчи вице-премьери Давлатали Саидовдун 23 жаштагы уулу Фаромуза Саидовдун катышуусундагы жол кырсыгы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Кылмыш иши «Жол коопсуздук жана транспорт каражатын пайдалануу эрежелерин бузуу» беренеси боюнча козголду. Бул берене боюнча күнөөлүү деп табылгандарды беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Кылмыш ишин Тажикстан ИИМинин Тергөө башкармалыгынын кызматкерлери тергешет.

Фаромуза Саидовдун катышуусундагы жол кырсыгы 10-сентябрда болгон. Анын жыйынтыгында эки киши мерт кеткен. Аткаминердин уулу болсо учурда ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Буга чейин Фаромузанын апасы авария техникалык себептерден улам болгонун билдирген. «Ал башка тарапка бурайын дегенде унаанын рулу иштебей калган. Уулум жакшы тарбия алган, мас эмес болчу. Биз кырсыктан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам берүүгө даярбыз», – деген ал. Буга чейин окуя чиновниктин баласы түнкү клубдан кайтканда болгону маалымдалган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

1916-жылдагы улуттук-боштондук кыймылына тийиштүү документтердин жана материалдардын жыйнагы жарык көрдү

“Кыргыз элинин 1916-жылдагы улуттук-боштондук кыймылына 100 жыл” сериясына тийиштүү “Восстание 1916 года” (16-жылдагы көтөрүлүш)  деген документтердин жана материалдардын жыйнагы жарык көрдү.

Китеп КР УИА, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттиги, КР мамлекеттик борбордук архив тарабынан даярдалган.

Орто Азия жана Казакстанда болгон 1916-жылдагы кыймыл улуттук-боштондук мүнөздө өткөн. Бул жыйнакта камтылган архивдик документтер Кыргызстандын территориясындагы окуяларды чагылдырып, элдик кыймылды туура түшүнүүгө жана объективдүү баалоого мүмкүнчүлүк берет. Көтөрүлүштүн себептери кандай эле, кантип өткөн, ким тарабынан жетектелген, эмне себептен жеңилген, Россия империясы тарабынан кандай мыкаачылык менен басылган жана мунун баары көптөгөн кыргыз элинин тагдырына канчалык деңгээлде таасир берген – мына ушунун баары чыныгы документтер менен бейтарап чагылдырылып жана түшүндүрүлөт.

“…Жарыяланган архивдик материалдарды илимий-сын көз караш менен изилдөө жана объективдүү анализдөө кыргыздардын 1916-жылдагы улуттук-боштондук кыймылын толугу менен көз алдыга келтиргенге мүмкүнчүлүк берет” – дейт  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин директору О.Ахмедов китептин баш сөзүндө.

Китептин баш редактору А.А.Акматалиев, редакторлору Т.Асанов, О, Ахмедов, А.Беделбаев, А.Джуманалиев, А.Какеев, Дж. Маджун, С.Раев, Т.Чоротегин, Т.Шейшеканов, Ю.Шыгаев, А.Эркебаев.

Түзүүчүлөр: О.К.Ахмедов, Г.Т.Гуля, А.С.Назаралиев, Е.Романова, Б.Самаева.

Китеп “Улуу Тоолор” басмасында 1000 тираж менен басылган.

«Газпром» түркмөн газын 2018-жылдын аягына чейин сатып албайт

«Газпром» Түркмөнстандан 2018-жылдын аягына чейин газ сатып албайт, ошол эле маалда «Түркмөнгаз» менен Стокгольм арбитражындагы соттук териштирүүлөрдү убактылуу токтотот. Бул тууралуу орусиялык компаниянын төрага орун басары Александр Медведев билдирди.

«Мүмкүн болчу кызматташууларды анализдеп чыгуу үчүн эки жыл алдык. Дайыма жолугушуп талкуулап турабыз», — деди ал. Топ-менеджердин айтымында, алар «азыр арбитраждык сотсуз эле мамилелердин комплекстүү өнүгүүсүн тынч карап чыгуу тууралуу макулдашууга келишти».

2009-жылдан бери Түркмөнстандан жылына 10-11 миллиард куб газ сатып алып келген орусиялык «Газпром» компаниясы 2015-жылдын ортосунда «Түркмөнгазга» каршы Стокгольмго арыз жазып, жыл башында келишимди толугу менен жокко чыгарган. Орусия компаниясы мындай кадамга европалык базарда газ баасынын кескин төмөндөгөнүнө карабастан Түркмөнстан бааны арзандатуудан баш тарткандан соң барган. Ага чейин «Газпром» түркмөн газын Европага сатуу менен чыгымга учурап келген. «Интерфакстын маалыматы боюнча «Газпром» арбитраждын алкагында газ үчүн төлөнгөн $5 миллиард талап кылган.

«Газпромдун» сүйлөшүү каалоосу убакытты созуп, Түркмөнстандын газды Каспий жана Азербайжан аркылуу жеткирүү планынан алаксытуу аракети болушу мүмкүн, деп эсептейт эксперт Мария Белова.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Төлөгөн Келдибаев: “Абдулла Фалех Жабир кайрадан Кыргызстанга кирүүгө аракет жасап жатат"

Абдулла Фалех Жабир, “Табарак” диний кайрымдуулук фондунун башчысы, Ирактын жараны 2016-жылдын 27-июнда УКМКнын расмий билдирүүсү боюнча Кыргыз Республикасынын аймагынан  15-жылга чейин кирбөөгө тыюу салуу менен чыгарылган.

Себеби мурда маалымдалгандай  Кыргызстандагы “Табарак” диний кайрымдуулук фондунун жетекчиси болуп иштеген  Абдулла Фалех Жабирдин кыргыз кызы менен бир түнгө нике үчүн чет өлкөлүк досторуна 20-25 жаштардагы кыздарды таап берүү боюнча аудио сүйлөшүүсү интернет аркылуу тарап кеткен.Мындан сырткары башка жосунсуз жоруктарынын аудио тасмасы таркап кыргыз коомчулугун нааразы кылган, Абдулла Фалех Жабирди коомчулук өлкөдөн кууп чыгуу үчүн  издей башташканда бийлик тарабынан  өлкөдөн чыгарылган.

Айрым маалыматтарга таянсак Абдулла Фалех Жабир кайрадан Кыргызстанга кирүүгө аракет жасап,Өлкөнүн ар кандай деңгээлдеги саясатчылары жана чиновниктери менен сүйлөшүүлөрдүү жүргүзүп жатат деген каңшаар тарады.

Ирактык   Абдулла Фалех Жабир  Кыргызстанга кайра келе турган болсо, Биз Кыргыз элинин намысын кордогон деп – эсептейбиз. Бул деген кээ депутат саясатчылардын, Кыргызстан Дин башкармалыгынын колдоо көрсөткөнү деп билебиз. Абдулла Фалех Жабирдин мындан башка да   кыргыз элине кылган кыянатчылыгын жазууну туура көргөн жокпуз.

Төлөгөн Келдибаев, “Кыргыз-Ата” партиясынын лидери

Матаевдердин адвокаты соттон дагы 150 күбөнү суракка алууну өтүнүүдө

Казакстан журналисттер бирикмесинин төрагасы Сейтказы Матаевдин адвокаты арасында аткаминерлер менен мамлекеттик компаниялардын жетекчилери бар дагы ондогон күбөлөрдү суракка алуу өтүнүчү менен сотко кайрылды.

Матаевдин жактоочусу Андрей Петровдун айтымында, кеп айыптоо тараптын сотко чакырылып сурак бере элек күбөлөрүн жараянга чакыруу жөнүндө болууда.

Матаев суракка алынышы керектигин билдирип жаткан 152 күбөнүн ичинде маалымат жана коммуникациялар боюнча вице-министр Сакен Сарсенов, «Казактелеком» компания башкармалыгынын төрагасы Куанышбек Есекеев, «Казатомпром» ишканасынын башчысы Аскар Жумагалиев, ошондой эл Байланыш комитетинин кызматкерлери менен ММК өкүлдөрү да бар.

Адвокат Андрей Петров кесиптеши Мадина Бакиеванын бул өтүнүчүн сот азырынча ачык бойдон калтырып жатканын айтты.

Сейтказы Матаев менен уулу Асеттин үстүнөн соттук жараян 23-августта башталган. Алар мамлекеттик каражатты кымырып алган деген шек менен февралда кармалып, Алматыда, андан соң Астанада үй камагында болушкан. Экөө тең айыптоолорду четке кагышууда.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Семетей Талас уулу, журналист: "Кара ит, ак ит баары бир Фар-ит"

Белгилүү журналист Семетей Талас уулу «Фейсбук» социалдык байланыш тармагындагы баракчасына депутат Текебаевдин президент Атамбаевге карата айтып чыккан айыптоолору боюнча өзүнүн пикирин жарыялап, ал кызуу талкууланып жатат:

«Кара ит, ак ит баары бир Фар-ит демекчи, Текебаевдин Атамбаев жөнүндө айткандары, айрыкча өзбек сепаратисттери боюнча айтканы чын болсо Атамбаев Ит экен, ошол ЧЫНДЫКты ушунча жыл жашырып келип, эми саясат күчөгөндө айтып чыккан Текебаев да Ит экен… Кыскасы Ажосу кандай болсо, оппозициясы да ошондой!»,-деп жазган.

Эскерте кетсек, депутат Текебаев 2010-жылдын 5-июнь күнү, башкача айтканда Ош коогалаңынын алдында Кадыржан Батыров жана анын сеператист командасы Алмаз Атамбаев менен жашыруун жолугушуп, сырдашканы тууралуу айтып чыккан. Мындан тышкары бир катар мародерчулук, оор кылмыштарга тийешеси бар деп президенттин ысымын атаган.

HRW: Тажикстанда ЕККУ жыйынында нааразылыгын билдиргендердин туугандары камалды

Эл аралык Human Rights Watch уюмунун Борбордук Азия боюнча изилдөөчүсү Стив Свердловдун билдиришинче, Тажикстанда Варшавадагы ЕККУ жыйынында «үнсүз нааразылык акциясын» өткөргөн Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөлөрүнүн 50гө жакын тууганы камакка алынды.

Ал 19-сентябрда Тажикстандагы адам укуктарынын абалы талкууланып жаткан ЕККУнун жыйындар залына оппозициялык топ кирип барганын айтты.

«Ал тынчтык митингдин катышуучуларынын туугандарынын камакка алынышы тууралуу маалыматты ЕККУнун жыйыны аяктагандан кийин жакшылап карайбыз. Азыр маалымат такталып жатат, бирок ырастала турган болсо ал адам укуктарын одоно бузуу болот. Жыйында Тажикстан делегациясы адам укуктарынын принциптери боюнча ЕККУ алдындагы милдеттенмелери тууралуу баяндама жасаган», – деди Стив Свердлов.

Варшавадагы жыйынга Тажикстан өкмөтү менен жарандык коом өкүлдөрү катышкан. Жыйындар залына ЕККУ имаратынын алдындагы нааразылык акциясына катышкан 20га чукул адам кирип барган. Алар Бузургмехр Ёров өңдүү камалгандар менен Ислам кайра жаралуу партиясынын башчыларынын сүрөттөрү түшүрүлгөн футболкаларды кийишкен.

Свердлов окуядан кийин камактагылардын айрым туугандары ал сыяктуу акцияларга катышпоо тууралуу атайын кызмат өкүлдөрүнөн эскертүү алышканын айтты. Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетиндеги булак ал камакка алуулар аймактарда болгонун жана «комитетке түздөн-түз тиешеси жок экенин» билдирди.

Источник: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

 

Видео - Тбилисиде өткөн дүйнөлүк чемпионатта грек-рим күрөшү боюнча чемпиондукту жеңип алган Акжол Махмудов Ошко кайтып келди

Тбилисиде өткөн дүйнөлүк чемпионатта грек-рим күрөшү боюнча 69 кг салмакта кадеттер арасында дүйнө чемпиону аталган Араван районунун тургуну Акжол Махмудовду бүгүн Ош Эл Аралык аэропортунан облустук, райондук бийлик өкүлдөрү, жакын дос-тууган санаалаштары тосуп алышты. Бул тууралу облустук администрациянын басма сөз кызматы билдирет.

Андан соң КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов кабыл алып алкыш баракча ошондой эле акчалай сыйлык тапшырды. Өз сөзүндө облус башчысы “Сен эми ата-энеңдин эле эмес бүтүн Кыргыз эли сыймыктанган эл уулу болдуң. Мелдешти көрүп олтуруп сени менен сыймыктандык. Жеңишиңе кубанып көзгө жаш алдык. Кыргыз элин дүйнөгө таанытып өлкөбүз гимни жаңырып желегибиз бийиктерде желбиреди. Бул чоң сыймык. Мындан ары да ар дайым спорт менен дос болуп далай ирет жеңишке жетип, дүйнө чемпиону атыга бер. Эл аралык жана жергиликтүү мелдештерде биз сени ар дайым мүмкүнчүлүккө жараша колдоп кубаттоого жардам берүүгө даярбыз”-деди. Облус башчысы менен чогу Араван районунан келген жакындары жана аксакалдар дүйнө чемпионуна ийгилик каалап дуба кылып алкашты. Чемпионду эми өзү туулуп өскөн кичи мекени Аравандыктар чоң кубануу менен күтүп турушат.

Эске салсак Акжол Махмудов 13-18-сентябрда Грузиянын борбор шаары Тбилисиде өткөн мелдеште дүйнө чемпиону болгон.

https://www.youtube.com/watch?v=kpaUa-lyJgw

Булак: Кyrgyztoday.kg

GM Uzbekistanдын мурдагы башчысы күрөө менен үй камагына чыкты

Өзбек-америка биргелешкен GM Uzbekistan автоконцернинин 46 жаштагы мурдагы башчысы Тохиржон Жалилов шаардан чыкпоо шарты менен бошотулду. Ал ушул жылдын 29-апрелинен бери атайын кызматтардын тергөө абагында камакта жаткан.

Маалымдалгандай, өзбек-америка автоконцернинин мурдагы башчысы күрөө берип өткөн аптада үй камагына чыккан.

GM Uzbekistanды 2010-жылдан бери башкарып келе жаткан жана ошол эле маалда «Узавтосаноат» мамлекеттик башкармалыгынын төрагасы эсептелген 46 жаштагы Тохиржон Жалилов ушул жылдын апрелинде көз боёмочулук менен компаниянын акчаларын кымырып алган деп шектелип кармалган.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында Тохиржон Жалиловдон сырткары ишкананын кеминде дагы 10 кызматкери, анын ичинде GM Uzbekistanдын мурдагы башкы директорунун уулу да камакка алынган.

«Узавтосаноаттагы» булактар маалымдашкандай, өлкө башчысы алмашкандан кийин Жалиловдун өзүнө гана эмес, жалпы эле анын автоконцернин текшерүүгө карата мамиле өзгөрө баштады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Фотобаян - Жалал-Абадда «Дени сак жаштар – дени сак өлкө» аталышындагы жаштардын спорттук акциясы өттү

Кечээ, 20-сентябрда Жалал-Абад шаарында Жалал-Абад шаардык жаштар иштери боюнча комитетинин демилгеси менен «Дени сак жаштар – ден сак өлкө»  чакырыгы алдында жаштар арасында атайын спорттук акция өткөрүлдү.  Аталган акциянын катышуучулары болушкан жаштар марафонунун катышуучулары   айтылуу мисте токоюна курчалган «Жалал-Абад» санаториясынан баштап,  шаардагы борбордук «Эркиндик» аянтына чейинки аралыкка марафондук чуркоо мелдешин өткөрүштү.  Сергек жашоого үндөгөн марафондук чуркоонунун катышуучулары болочок эненин  боюна түйүлдүк бүткөндөн баштап,   2 жашка чейинки наристелерди туура тамактандыруу, дегеле жаштарга туура тамактандыруу боюнча шаардыктарга жана ата-энелерге кошумча маалыматтарды таратууну өзүнүн негизги милдеттери катары кабыл алышты.

Жалал-Абад шаарындагы атайын жана жогорку окуу жайларынын стдуденттери катышкан 4,5 км. марафондук жарыш аягына чыккан соң шаардагы борбордук «Эркиндик» аянтында акцияны өткөрүүгө арналган жыйын болуп өттү. Анда акциянын катышуучуларын Жалал-Абад шаардык мэриясынын бөлүм башчысы  Гулина Базаркулова акциянын өтүүсү менен жаштарды куттуктады. Ал эми SPRING  долбоорунун координатору Аида Шамбетова туура тамактануунун мааниси тууралуу жаштарга кенен маалымат берди. Ачыгын айтканда, түйүлдүк  эненин боюна бүткөндөн тартып, ымыркай 2 жашка чыкканга чейинки мөөнөттө  наристелерди туура тамактандыруу боюнча болочок энелерге жана балдарын тарбиялап өстүрүп жатышкан энелерге ден соолугу  чың  наристелерди тарбиялап өстүрүү боюнча көптөгөн пайдалуу кеп- кеңештер жана сунуштар  берилди. «Дени сак жаштар – дени сак өлкө»  спорттук акциясын өткөрүүгө  SPRIHG долбоору  өзүнүн демөөрчүлүк жардамын көрсөттү.

«Дени сак жаштар – дени сак өлкө» акциясынын катышуучулары болушкан Жалал-Абад шаарындагы атайын жана ЖОЖдордун студенттери  4,5 км. марафондук чуркоо, аркан тартмай, жаздык урмай, колду бүгүп-түзөтүү, олтуруп турмай жана ордунан узундукка  секирүү  мелдештери боюнча күчтөрүн сынашты. Байгелүү орундарды камсыз кылышкан жаштарга атайын баалуу белектер тапшырылды.

zha-zhashtar3

zha-zhashtar4

zha-zhashtar5

zha-zhashtar6

zha-zhashtar7

zha-zhashtar

Жолдошбай Осмонов, журналист. Жалал-Абад шаары

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

Атайын кызмат Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракеттерди издөө үчүн Өзбекстанга барган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМК төрагасынын биринчи орун басары Дүйшөнбек Чоткараев бүгүн парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинде билдирди.

Ал интернетте тараган маалыматты УКМКнын беделине көө жабуу аракети катары баалады.

Fergananews.com сайты 18-сентябрда өзүнүн ишенимдүү булактарына таянып, УКМКнын кызматкерлери Кыргызстандын түштүгүндө өзбек коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуп жүргөнүн, июнь окуясынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен өзбек активисттеринин туугандарын Роза Отунбаевага жана Эдил Байсаловго каршы көрсөтмө берүүгө көндүрүп жатканын жазып чыккан.

Коопсуздук кызматтын агенттери Өзбекстанга чейин барышып, июнь окуясы үчүн айыпталып, соттолгон Карамат Абдуллаева, Иномжан Абдирасулов, Жалалиддин Салахутдинов жана башкалар менен жолугушканын, аларга Роза Отунбаева, Эдил Байсаловго каршы видеокайрылуу менен чыгуу сунушу берилгенин кабарлаган.

2010-жылы Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын аппаратын бир айдай жетектеген Эдил Байсалов кечээ Бишкекте маалымат жыйынын өткөрүп, президент Алмазбек Атамбаев атайын кызматка өзүн камоо тууралуу буйрук бергенин айтып чыккан. Маалымат сайттагы макала боюнча парламенттик комиссия түзүүнү, иликтөө учурунда УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевдин отставкага кетишин талап кылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Бүгүн “Тоолордун табигый жарылууларын жана жер титирөөлөрдү прогноздоо жана алдын алуу” Эл аралык конференциясы өтөт

Бүгүн, 21-сентябрда Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын чоң залында “Тоолордун табигый жарылууларын жана жер титирөөлөрдү прогноздоо жана алдын алуу: тоо тектеринин калдыктарынын жана аракеттеги чыңалуусунун деформациясын ченөө”  деген аталыштагы Эл аралык симпозиум өтөт. Бул тууралу академиянын басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага Германия, Япония, Россия, Украина, Казакстандын окумуштуулары жана кыргызстандык илимпоздор, жер титирөөнү изилдөөгө тийиштүү адистер келишет.

Фотобаян - Бишкек-Кашгар авиакаттамы ачылды

19-сентябрь күнү Бишкек-Кашгар авиакаттамы ачылды. Биринчи каттамды “Эйр-Манас” авиакомпаниясы өзүнүн Боинг «737-800» үлгүсүндөгү  учагы менен аткарды. Бул тууралу авиакомпаниянын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүдө каттам жумасына эки жолу, дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарыла тургандыгы, учуу узактыгы 2 саатка созулары айтылат.

aviarejs-bishkek-kashgar3

aviarejs-bishkek-kashgar

aviarejs-bishkek-kashgar2

Булак: Кyrgyztoday.kg

 

Видео - Америкага учуп бараткан Алмаз Атамбаев самолетто жүрөгү кармап, Стамбулда калды

17-18-сентябрда туулган күнүн өткөргөн Алмаз Атамбаев 19-сентябрда Бишкектен Нью-Йоркко БУУнун 71-генассамблеясына катышуу үчүн учуп кеткен. Бирок самолетто жүрөгү кармап, Стамбулдун Ататүрк эл аралык аэропортунда “тез жардам” машинасы тосуп алган. Ошондон бери Атамбаевдин ден соолугу боюнча алгылыктуу кабар жок. Бир ММКлар ооруканада деп жазышса, экинчилери мейманканада деп жазып жатышат.

https://www.youtube.com/watch?v=0R161rJhVNs

 

Оштун мэри Айтмамат Кадырбаевге оңтойсуз суроолор: Кошоматчылык карьерага жол ачабы?

Урматтуу экинчи борбордун мэри, Айтмамат Тентибаевич! Оромолчон Ош шаарынын башчысы болуп экинчи ирээт шайланып, шаарда жөө басып, көп жумуштарды бүтүрүп, жакшы эле иштеп жаткандай көрүнөсүз. Бирок өткөн Курман айт күнү намазга чогулган он миңдеген элдин алдында Кудайдан элге жакшылык, тынчтык, токчулук, береке, биримдик сурап, кектешкендерди кечиришүүгө, урушкандарды табышууга чакыруунун ордуна президентти сындагандарды “Кудай жазаласын” деп каргап-шилеп жибергениңиз кандай? Ферганадагы бирден бир чоң шаардын башчысы катары оолугуп сүйлөөрдөн мурун ойлонуп алганыңыз дурус болмоктур. Ачууга алдырбай… Же атайын эле Президентке кошоматчылык кылып, “ше-е-ф мен бармын, сиз тараптамын” деп көрүнүп коюштун айласын кылып, анан ошого улуу Курман айттын трибунасын колдонуп калдыңызбы?

Экинчи маселе, сиз кошоматчылык менен карьера жасоону адиси экениңизди мойнуңузга аласызбы? Себеби тээ 2010-жылы кандуу Бакиевдердин бийлиги кулаганда Жаныш Бакиев үчүн жаныңызды берүүгө баш байлап, Ош облустук администрацияны басып ала коюп, азыркы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдорго жакшы эле айбат көргөзгөнүңүз эсибизде. Демек эгер Жаныштардын арам ойлору ишке ашып кете турган болсо азыр мэр эмес, керек болсо өкмөт башчы болуу планыңыз бар эле да, туурабы?

Булак: Фабула 

Видео - Америкага учуп бараткан Алмаз Атамбаев самолетто жүрөгү кармап, Стамбулда калды

17-18-сентябрда туулган күнүн өткөргөн Алмаз Атамбаев 19-сентябрда Бишкектен Нью-Йоркко БУУнун 71-генассамблеясына катышуу үчүн учуп кеткен. Бирок самолетто жүрөгү кармап, Стамбулдун Ататүрк эл аралык аэропортунда “тез жардам” машинасы тосуп алган. Ошондон бери Атамбаевдин ден соолугу боюнча алгылыктуу кабар жок. Бир ММКлар ооруканада деп жазышса, экинчилери мейманканада деп жазып жатышат.

https://www.youtube.com/watch?v=0R161rJhVNs

 

Оштун мэри Айтмамат Кадырбаевге оңтойсуз суроолор: Кошоматчылык карьерага жол ачабы?

Урматтуу экинчи борбордун мэри, Айтмамат Тентибаевич! Оромолчон Ош шаарынын башчысы болуп экинчи ирээт шайланып, шаарда жөө басып, көп жумуштарды бүтүрүп, жакшы эле иштеп жаткандай көрүнөсүз. Бирок өткөн Курман айт күнү намазга чогулган он миңдеген элдин алдында Кудайдан элге жакшылык, тынчтык, токчулук, береке, биримдик сурап, кектешкендерди кечиришүүгө, урушкандарды табышууга чакыруунун ордуна президентти сындагандарды “Кудай жазаласын” деп каргап-шилеп жибергениңиз кандай? Ферганадагы бирден бир чоң шаардын башчысы катары оолугуп сүйлөөрдөн мурун ойлонуп алганыңыз дурус болмоктур. Ачууга алдырбай… Же атайын эле Президентке кошоматчылык кылып, “ше-е-ф мен бармын, сиз тараптамын” деп көрүнүп коюштун айласын кылып, анан ошого улуу Курман айттын трибунасын колдонуп калдыңызбы?

Экинчи маселе, сиз кошоматчылык менен карьера жасоону адиси экениңизди мойнуңузга аласызбы? Себеби тээ 2010-жылы кандуу Бакиевдердин бийлиги кулаганда Жаныш Бакиев үчүн жаныңызды берүүгө баш байлап, Ош облустук администрацияны басып ала коюп, азыркы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдорго жакшы эле айбат көргөзгөнүңүз эсибизде. Демек эгер Жаныштардын арам ойлору ишке ашып кете турган болсо азыр мэр эмес, керек болсо өкмөт башчы болуу планыңыз бар эле да, туурабы?

Булак: Фабула 

Видео - Америкага учуп бараткан Алмаз Атамбаев самолетто жүрөгү кармап, Стамбулда калды

17-18-сентябрда туулган күнүн өткөргөн Алмаз Атамбаев 19-сентябрда Бишкектен Нью-Йоркко БУУнун 71-генассамблеясына катышуу үчүн учуп кеткен. Бирок самолетто жүрөгү кармап, Стамбулдун Ататүрк эл аралык аэропортунда “тез жардам” машинасы тосуп алган. Ошондон бери Атамбаевдин ден соолугу боюнча алгылыктуу кабар жок. Бир ММКлар ооруканада деп жазышса, экинчилери мейманканада деп жазып жатышат.

https://www.youtube.com/watch?v=0R161rJhVNs

 

Адахан Мадумаров референдумга каршы аракеттерди жер жерлерде өткөрүүнү сунуштады

Бүгүн, 20-сентябрда “Ак кеме” мейманканасында Жогорку Кеңештин депутаттары, оппозиция өкүлдөрү жана жаш активисттер ортосунда “референдумга каршы” талкуу жүрүп жатат. Талкуунун жүрүшүндө коомдук ишмер Адахан Мадумаров референдумга каршылык көрсөтүүнү жер жерлерле эл менен жолугушуп түшүндүрүү формасын сунуштады.

“Референдумда каршылык көрсөтүүнүн формасын өзгөртүп, Кыргызстандын башка аймактарына чыгып эл менен жыйын кылып түшүндүрүш керек. Бүгүнкү бийлик элден башка эч кимден коркпойт”,-дейт А.Мадумаров.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Депутаттар тобу камакка алынган депутаттардын маянасын төлөп берүүнү токтотуу демилгесин көтөрүүдө

Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеӊештин Регламенти боюнча комитети камакка алынган депутаттардын эмгек акысын төлөө жолжоболорун кайрадан ыраатташтырууга багытталган «КР ЖК депутатынын статусу жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Аида Салянова, Наталья Никитенко, Айсулуу Мамашева. Бул тууралуу КР ЖК Басма сөз кызматы билдирди.

Демилгечилердин берген маалыматына караганда, мыйзам долбоору аркылуу камакка алынган депутаттардын эмгек акысын төлөөнүү токтотуу демилгеси сунушталууда.

Эске салсак, буга чейин камакта жаткан депутаттар маянасын алууну уланткан учурлар болгон. Ошондон улам, депутат кылмышка шектелүү менен, камакка алынып, ал өз ыйгарым укуктарын аткарууга мүмкүнчүлүк жок болсо, маяна төлөөнү токтотуу чараларын көрүү зарылдыгы жаралууда. Эгер камакка алынган депутат акталып чыкса, анда эмгек акысы толугу менен төлөнүп берилет.

 

“Тоолордун табигый жарылууларын жана жер титирөөлөрдү прогноздоо жана алдын алуу” Эл аралык конференциясы өтөт

Эртең, 21-сентябрда саат 9:30 да Кыргыз Улуттук илимдер академиясында чоң залында “Тоолордун табигый жарылууларын жана жер титирөөлөрдү прогноздоо жана алдын алуу: тоо тектеринин калдыктарынын жана аракеттеги чыңалуусунун деформациясын ченөө” – деген аталыштагы Эл аралык симпозиум өтөт. Бул тууралуу КР УИА маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Иш-чарага Германия, Япония, Россия, Украина, Казакстандын окумуштуулары жана кыргызстандык илимпоздор, жер титирөөнү изилдөөгө тийиштүү адистер келишет.

 

 

КР Илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаевге оңтойсуз суроолор

Урматту Абдыганы Эркебаевич!

Эмгек жолуңузду илим изилдөөдөн баштап, кийин саясий жогорку кызматтарда жүргөнүңүзгө карабай, 2010-жылдан кийин Кыргыз улуттук илимдер академиясына президент болуп отурасыз.

Академияга келгенден тартып, ЖКдан, Өкмөттөн бул илим мекемесининин ишмердигин токтотуу боюнча сунуштар айтылып, сиз кара жаныңызды карч уруп, “академияны реформа кылабыз” деп жатып сактап калдыңыз эле. Бирок, ошол реформалык убадаларыңыздын ишке ашып жаткандыгы тууралуу коомчулук кабардар болбой жатканы эмнеси? Же эптеп кызмат ордуңузду сактап калганга курсант болуп, академиянын ишмердигин эски нукта эле калтырып коюп, бактылуу күндөрдү башыңыздан өткөрүп жатасызбы?

Ошондой эле жакында, президент Алмазбек Атамбаевдин 60 жылдык юбилейине карата макала жазып, анда эски соратнигиңизди да сындап, “коорупцияны жеңе албады”, интелегенцияга көңүл бурбады” деп жазган экенсиз. Кызык, ошол коррупциялык күрөштүн арты менен сиздин карачечекей кызьңыз пара менен кармалып жоопкер болду го? Ал эми интеллигенция, асыресе адабиятчылар, жазуучу, акындарга көңүл буруу жагынан Алмаз Атамбаевдей кайсы президент иштеди болду экен? Же мурдагы президенттерден спикерлик орунду ээлесеңиз эле, муну интеллигенцияга камкордук катары түшүнүп алдыңыз бекен?!

Булак: Фабула 

 

Оштун мэри Айтмамат Кадырбаевге оңтойсуз суроолор: Кошоматчылык карьерага жол ачабы?

Урматтуу экинчи борбордун мэри, Айтмамат Тентибаевич! Оромолчон Ош шаарынын башчысы болуп экинчи ирээт шайланып, шаарда жөө басып, көп жумуштарды бүтүрүп, жакшы эле иштеп жаткандай көрүнөсүз. Бирок өткөн Курман айт күнү намазга чогулган он миңдеген элдин алдында Кудайдан элге жакшылык, тынчтык, токчулук, береке, биримдик сурап, кектешкендерди кечиришүүгө, урушкандарды табышууга чакыруунун ордуна президентти сындагандарды “Кудай жазаласын” деп каргап-шилеп жибергениңиз кандай? Ферганадагы бирден бир чоң шаардын башчысы катары оолугуп сүйлөөрдөн мурун ойлонуп алганыңыз дурус болмоктур. Ачууга алдырбай… Же атайын эле Президентке кошоматчылык кылып, “ше-е-ф мен бармын, сиз тараптамын” деп көрүнүп коюштун айласын кылып, анан ошого улуу Курман айттын трибунасын колдонуп калдыңызбы?

Экинчи маселе, сиз кошоматчылык менен карьера жасоону адиси экениңизди мойнуңузга аласызбы? Себеби тээ 2010-жылы кандуу Бакиевдердин бийлиги кулаганда Жаныш Бакиев үчүн жаныңызды берүүгө баш байлап, Ош облустук администрацияны басып ала коюп, азыркы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдорго жакшы эле айбат көргөзгөнүңүз эсибизде. Демек эгер Жаныштардын арам ойлору ишке ашып кете турган болсо азыр мэр эмес, керек болсо өкмөт башчы болуу планыңыз бар эле да, туурабы?

Булак: Фабула 

Бекбоев Жалал-Абадды жетектеп калышы мүмкүн

Эч бир ың-жыңы билинбей Жалал-Абад облусунун губернатордук кызматын аркалаган Жумагүл Эгембердиева өзүн-өзү башкаруу жана этникалык мамилелер агенттигине директор болуп келгенине бир жуманын тегереги болду. Учурда губернатордун орду бош. Бул кызматка барчулар өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун эшигин жыртып жаткан кез. Бизге жеткен маалыматка караганда, губернаторлук кызматка Айыл чарба тармагын тейлеп жаткан министр Турдиназир Бекбоев барып калышы мүмкүн болуп турат. Эгер саясий кырдаал кескин өзгөрүп “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы оппозицияга кетип эле колдо турган токочун тарттырып жиберишпесе…

Булак: Фабула

Меню