Menu

Эдил Байсалов: “Тургуналиевдин жер тепкилегенине карабай, Отунбаева ага министрлик кызматты бербей койгон”

Бийлик тарабынан каарманыбызга ар кандай ушак-айыңдар айтылып, учурда коомчулукта күдүк ойлор жаралып атты эле, натыйжада, бул маектешүүбүз кө-өп нерсеге чекит коет го. “Убактылуулар” бири-бирин чукуп атышып, элди эриктирбей калды көрүнөт.

– Эдил мырза, өткөндө Топчубек Тургуналиев айтыптыр. “Роза Отунбаева Убактылуу өкмөттү жетектеп турганда, Эдил Байсалов аркылуу Кадыржан Батыровго паспорт берип качырып жиберген” деп. Чын эле ошондой беле?

– Ушул жалганды миллион жолу “жалган” деп айтсак дагы, баары бир кайталанып келетат. Кадыржан Батыров 2005-жылы март айында депутат болгондо алган диппаспортунун беш жылдан кийин мөөнөтү бүткөн. Ал 2010-жылы апрелде Кулов, Масалиев жана башка саясый-коомдук ишмерлердин арасында Убактылуу өкмөт түзгөн коомдук кеңешке кирип, ал кеңештин төрага орунбасары болуп шайланат. Ошол кеңештин мүчөсү катары мага кайрылганы чын, “диппаспортту алмаштырып бергиле” деп. Мыйзамга ылайык анын кайрылуусу ТИМге жөнөтүлүп, ал жактан “берүүгө негиз жок” деген жооп келген. Канча жолу кайра-кайра сурап кайрылганына карабастан, анын диппаспортунун мөөнөтү узартылган эмес. Эми ошончо эле Убактылуу өкмөт Батыровдун суранычын канааттандыра турган болсо, Конституциялык сотту таркаткан революциялык бийлик “диппаспортту басып бергиле” десе, беш мүнөттө алып келишмек. Бирок андайга эч ким барган жок. Ишенбесеңер ТИМден текшерип алгыла. Ал жерде баардык документтер жайында. Эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес. Дагы бир жолу эскерте кетчү нерсе, бул окуя апрель айында болгон. Мен болсо Убактылуу өкмөттөн коррупцияга протест кылып, 25-майда пресс-конференция өткөзүп, чыгып кеткем, июнь окуяларына чейин эле. Ошондуктан “Батыров өкмөттөн диппаспорт алып качырылыптыр” деген карандай калп. Бул жерде кызыктуусу, ушул сөздү Топчуке Тургуналиев айтып атканы. Кайран киши, жакшы карып атат, сакалын өстүрүп, бакай калпагын кийип, өзүнчө эле кыргызга кинодон келген даанышмандай деп атсак, баягы эски бузуку, интриган жаны баарыбир кычышат экен да. Бул кишинин Отунбаевага таарынычы, 2010-жылы “билим берүү министри болом” деп элдин баарына догурунуп, “менин заслугам бар, министр болом” деп кадимкидей жер тепкилеген. Өкмөттүн 13 мүчөсү бир добуштан муну министр кылып шайлаганына карабастан, Отунбаева бул чалга министрликти бербей койгон. Ошондон бери ичи күйүп, байкуш бышылдап жүрүптүр. Эми болсо Атамбаевге жагынып, “дүжүр болом” дегени го.

Арстан Алгырбеков

Булак: “Азия Ньюс”

 

Кийинки хандык такка олтуруучу башкы увазирлер

 

Өзбек президенти Ислам Каримов бул жарыктык менен коштошкондон кийин өзбектирди ким башкарат деген талкуу күч алды. Коңшуларда дагы бийлик талашкан кландар толтура. Алардын таасирдүүлөрү Ташкент жана Самарканд кландары. Каримовдун тушунда эле бул эки клан күч структураларына таасир этип турушкан. Ташкенттиктер Улуттук коопсуздук кызматын (СНБ) кармаса, Самарканд кланы ИИМде турган. Бирок, СНБ башчысы Рустам Иноятов самарканддыктарга көбүрөөк көңүл бураары айтылып келген. Каримовдун ишенген жакын адамдарынын бири да Рустам Иноятов делип эсептелинет. Самарканд кланынан такка олтурчу негизги фигура 2003-жылдан бери премьер-министр болуп иштеп келе жаткан Шавкат Мерзяев. Анын негизги атаандашы катары ташкенттиктердин кланынан  финансы министри Рустам Азимов эсептелинип жатат. Каримов өзү Самарканд кланынан болгондуктан Шавкат Мерзяевде таасир күч экенин аналитиктер белгилөөдө. Өзбекстанды өз кучагына тартууга аракет жасап жаткан күчтүү державалар да Мерзяевдин тамырын тартканга аракет кылышууда. Мындан сырткары Рустам Иноятовду өзбек бийлигинин “серый кардиналы” деп эсептегендер көп. Президенттик тактыга олтура турган адам Иноятовдун батасын алып, колдоосуна ээ болушу керек. Шавкат Мерзяев менен Рустам Иноятовдун жакын мамилесинен да куда-сөөк жагы да бар деп айтылып калууда. Мерзяевди 2003-жылдан бери башкы увазир кылып алып жүргөн да Иноятов экени акырындык менен ачыкка чыгууда. Ал тургай Каримовдун улуу кызы Гүлнаранын тизгинин тартып, үй камагына олтургузган дал ушул Иноятов.  Мунун баарын эске алганда Өзбекстандын кийинки президенти болууга Мерзяев жакыныраак.

Бизде дагы мураскер ким болот деген суроо талуу бойдон турат. Коңшуларда Самарканд, Ташкент болуп күрөшүп жатса, биз түндүк-түштүк болуп, бул жарайт, бизден болушу керек деген ажырымды токтото элекпиз. Азыркы президент Алмазбек Атамбаев мураскер даярдабайм, эл өзү каалаган адамын шайлап алат деген менен кийинки келечеги үчүн сөзсүз мураскерин калтырып кетери бышык. Президент айланасынан жол улоочусун чыгара алабы? Бул дагы маселе. Атамбаевди Чүйдөн чыккан саясатчы деп эсептелерин эске алганда, ага мураскер тандоодо таасир этчү чүйдүн саясий күчтөрү болушу мүмкүн. Мураскер катары Иса Өмүркулов менен УКМК башчысы Абдил Сегизбаевди көргөндөр бар. Президент бул экөөсүнө бийликти тапшырышы күмөн. Иса Өмүркуловду мураскер катары даярдаган болсо ага кылмыш ишин козгоп, кара көө жапмак эмес. Сегизбаевди ордума калтырып кетем деп орустарга көрсөткөндө, стратегиялык өнөктөштөр жарабайт деп кол шилтегенин саясатчылар айтышкан. Атамбаевдин мураскер катары калтырууга жалгыз талапкер азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков гана калгандай. Ал киши мамлекеттик кызматта иштеген убактан бери артынан жаман сөздөр айтылган эмес. Сооронбай Жээнбековдун эң негизги көзүрү колунун иазалыгы, коррупциялык ишке аралашпаганы. Экинчиден азыр Атамбаев бийликке келгенден бери түштүктө жакшы маанайды жаратуу кыйынга турду. Түштүктөн добуш алуу да оңойго турбайт. Бул жагынан Жээнбеков Атамбаевдин ишин бир кыйла жеңилдетет. Өкмөт башчысы болуп келгенден бери ишти алга жылдыруу үчүн жакшы эле күйпөлөңдөп, маңдай тер төгүп аракет кылып жатат. Каримовдун тажиясына да Сооронбай Жээнбековдун барышы, кийинки президент деп саналып жаткан Мерзяев менен чек ара маселесин талкууга алышы анын кийинки тактыга олтурууга мүмкүнчүлүгү жогору болуп баратканынан кабар берет. Андыктан, эки өлкөдө президенттик тактыга башкы увазирлер олтуруп калышы толук мүмкүн.

Кыялбек Тагаев   

Булак: “Жаңы-Ордо”

 

 

Кийинки хандык такка олтуруучу башкы увазирлер

 

Өзбек президенти Ислам Каримов бул жарыктык менен коштошкондон кийин өзбектирди ким башкарат деген талкуу күч алды. Коңшуларда дагы бийлик талашкан кландар толтура. Алардын таасирдүүлөрү Ташкент жана Самарканд кландары. Каримовдун тушунда эле бул эки клан күч структураларына таасир этип турушкан. Ташкенттиктер Улуттук коопсуздук кызматын (СНБ) кармаса, Самарканд кланы ИИМде турган. Бирок, СНБ башчысы Рустам Иноятов самарканддыктарга көбүрөөк көңүл бураары айтылып келген. Каримовдун ишенген жакын адамдарынын бири да Рустам Иноятов делип эсептелинет. Самарканд кланынан такка олтурчу негизги фигура 2003-жылдан бери премьер-министр болуп иштеп келе жаткан Шавкат Мерзяев. Анын негизги атаандашы катары ташкенттиктердин кланынан  финансы министри Рустам Азимов эсептелинип жатат. Каримов өзү Самарканд кланынан болгондуктан Шавкат Мерзяевде таасир күч экенин аналитиктер белгилөөдө. Өзбекстанды өз кучагына тартууга аракет жасап жаткан күчтүү державалар да Мерзяевдин тамырын тартканга аракет кылышууда. Мындан сырткары Рустам Иноятовду өзбек бийлигинин “серый кардиналы” деп эсептегендер көп. Президенттик тактыга олтура турган адам Иноятовдун батасын алып, колдоосуна ээ болушу керек. Шавкат Мерзяев менен Рустам Иноятовдун жакын мамилесинен да куда-сөөк жагы да бар деп айтылып калууда. Мерзяевди 2003-жылдан бери башкы увазир кылып алып жүргөн да Иноятов экени акырындык менен ачыкка чыгууда. Ал тургай Каримовдун улуу кызы Гүлнаранын тизгинин тартып, үй камагына олтургузган дал ушул Иноятов.  Мунун баарын эске алганда Өзбекстандын кийинки президенти болууга Мерзяев жакыныраак.

Бизде дагы мураскер ким болот деген суроо талуу бойдон турат. Коңшуларда Самарканд, Ташкент болуп күрөшүп жатса, биз түндүк-түштүк болуп, бул жарайт, бизден болушу керек деген ажырымды токтото элекпиз. Азыркы президент Алмазбек Атамбаев мураскер даярдабайм, эл өзү каалаган адамын шайлап алат деген менен кийинки келечеги үчүн сөзсүз мураскерин калтырып кетери бышык. Президент айланасынан жол улоочусун чыгара алабы? Бул дагы маселе. Атамбаевди Чүйдөн чыккан саясатчы деп эсептелерин эске алганда, ага мураскер тандоодо таасир этчү чүйдүн саясий күчтөрү болушу мүмкүн. Мураскер катары Иса Өмүркулов менен УКМК башчысы Абдил Сегизбаевди көргөндөр бар. Президент бул экөөсүнө бийликти тапшырышы күмөн. Иса Өмүркуловду мураскер катары даярдаган болсо ага кылмыш ишин козгоп, кара көө жапмак эмес. Сегизбаевди ордума калтырып кетем деп орустарга көрсөткөндө, стратегиялык өнөктөштөр жарабайт деп кол шилтегенин саясатчылар айтышкан. Атамбаевдин мураскер катары калтырууга жалгыз талапкер азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков гана калгандай. Ал киши мамлекеттик кызматта иштеген убактан бери артынан жаман сөздөр айтылган эмес. Сооронбай Жээнбековдун эң негизги көзүрү колунун иазалыгы, коррупциялык ишке аралашпаганы. Экинчиден азыр Атамбаев бийликке келгенден бери түштүктө жакшы маанайды жаратуу кыйынга турду. Түштүктөн добуш алуу да оңойго турбайт. Бул жагынан Жээнбеков Атамбаевдин ишин бир кыйла жеңилдетет. Өкмөт башчысы болуп келгенден бери ишти алга жылдыруу үчүн жакшы эле күйпөлөңдөп, маңдай тер төгүп аракет кылып жатат. Каримовдун тажиясына да Сооронбай Жээнбековдун барышы, кийинки президент деп саналып жаткан Мерзяев менен чек ара маселесин талкууга алышы анын кийинки тактыга олтурууга мүмкүнчүлүгү жогору болуп баратканынан кабар берет. Андыктан, эки өлкөдө президенттик тактыга башкы увазирлер олтуруп калышы толук мүмкүн.

Кыялбек Тагаев   

Булак: “Жаңы-Ордо”

 

 

Европа Биримдигинен келген спортчулар Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 17 медалга ээ болушту

Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасын экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү өткөрүп алышы менен куттуктайт! Мелдештерге катышуу үчүн дүйнөнүн булуң-бурчунан жүздөгөн спортчу келди.

Оюндарга Европа Биримдигине мүчө болгон 11 өлкөдөн 58 спортчу катышты. Алар Чехия, Эстония, Финляндия, Германия, Венгрия, Италия, Латвия, Литва, Нидерланд, Польша жана Словакиядан келишти.

Мелдештер жүргөн 6 күндүн ичинде Европа Биримдигин спортчулары ар кайсы даражадагы 17 медалга ээ болушту: эки алтын, үч күмүш жана 12 коло байге. Медалдарды төмөнкү өлкөлөр алышты:

Словакия – 1 алтын, 2 күмүш;

Венгрия – 1 алтын, 4 коло;

Польша – 1 күмүш, 1 коло;

Литва – 5 коло;

Латвия – 2 коло.

Көчмөндөр оюндары спортчулардын жетишкендиктери, ошондой эле кыргыз элинин меймандостугу жана жылуу тосуп алганы менен катышуучулардын жана күйөрмандардын эсинде калат.

Зулпукаар Сапанов, санжырачы, журналист: “Дүйнөнү топон суудан Ной эмес, Кыдыр атабыз сактап калган”

— Зулпукаар мырза, сиз көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып, Кыдыр атабыз менен Умай энебиздин урпактарынын санжырасын тизип чыгыпсыз, сөздү экөөсүнөн баштасак, ыйык Атабыз менен асыл Энебиз кайда экен?

— Кыдыр атабыз менен Умай энебиз бүткүл адамзаты менен кишизатынын Алтын бешиги болгон Памирдеги Шамбалада жайгашкан, дал ошол жер киндигинен дүйнө жүзүндөгү жалпы пенде тараган. Тактап айтсам, касиеттүү Кыдыр атабыз топон суу алааматында көптөгөн элди өзү жасаган кемеде куткарып калып, жер шарынын как төбөсүндөгү Памирге жайгаштырган. Анан дүйнөнүн чокусу аталган Памирде киши баласынын тукуму уланып, көбөйгөн кезде биринин артынан экинчиси кубалашып түшүп, толкун иретинде жер бетине жайылып тарады. Бул айтканымды тастыктай турган ондогон тарыхый фактылар “Кыдыр санжырасы” китебинде жазылган, азыр сөзүм куру болбошу үчүн экөөсүн гана айтайын. Бирөөндө: “Па-и-Мир, или Крыша Мира, – великая легендарная священная гора древних индусов, обитель Богов и традиционная колыбель арийской расы[1]делсе, экинчисинде, ““Название Памир относят также к священной индийской горе Меру, в то время самой высочайшей вершине Азии и мира... По преданиям, эти места – прародина всего человечества. Об этом говорят древнейшие сказания, песни-мадо горцев. Почтенные анналы этой страны, заключенные в ветхие пергаментные арабские рукописи, до сих пор хранимые горцами, утверждают: “Здесь было начало мира, отсюда придет и конец[2]”. деп жазылган. Албетте, мындай далилдер абдан көп, анын баары аталган эмгекте турат, аларды тизмектеп отурбастан тарых барагына үңүлсөк, эң алгачкы толкун менен Памирден Шумерлер кеткени ачыкка чыгат. Муну Дилмун деген топоним эң сонун тастыктайт. Айтсак, Памирдеги кыргыздын бири дагы түшүнбөгөн Андилмун деген жайлоо бар, XIX кылымда Логфет аттуу картограф аталган топонимди каттаган. Бул илимий ачылыш десек болот, анткени Дилмун деген жерди дүйнө окумуштуулары таппай келе жатышат. Кошумчалай кетерим, Шумерлердин тили да, салты да Кыдыр атабыз менен Умай энебиз калтырган улуу мурастарга дал келет, анын баары учурда ыйык Атабыз менен асыл Энебиздин Кыргыз аталышына бириккен урпактарында сакталуу.

— Сиз топон суудан элди Кыдыр атабыз куткарып калганын айттыңыз, биздин билишибизче Нух пайгамбар сактаган да…

— Нух пайгамбар сактады деген болмуш араб менен еврейди кул кылган Шайтандын жомогунан жаралган нерсе, анын накта чоо-жайын чакан маекке батыра албайбыз, андыктан “Кыдыр санжырасы” китебинен кеңири окуңуздар. Дегеним, топон суу окуясын диний китептердин дүйнөгө белгисиз болгон автору Шумер элинен уурдап жаздырганын ондогон илимпоз аалымдар тастыктап чыккан, анын эки фактысын далил тарта кетейин. 1-синде: Многое из наследия шумеров было позаимствовано неведомыми авторами Библии[3]деп жазылса, 2-синде: Библейская легенда о всемирном потопе и о спасении праведного Ноя со своей семьей и животными также позаимствована евреями у шумеровДетали шумерской и библейской легенды совпадают практически полностью[4] деп жазышкан. Айтор окумуштуулар аныктап чыккан мындай фактылар өтө көп, анын баары “Кыдыр санжырасында” берилген. Ал эми өзүбүздүн Кыдыр атабызга келсек, топон суу алааматында өзүнүн балдарын гана эмес, далай кишини сактап калып, аларды Памирдеги Дилмунга жайгаштырганы цивилизациянын көч башында турган Шумер клинопистеринде так белгиленген, сөзүбүздү факты менен бышыктайлы:

 “Один из самых известных шумерских мифов, впоследствии переработанных евреями, – миф о всемирном потопе. В месопотамской версии боги решают наслать потоп, чтобы уничтожить человечество. Бог Энки сжалился над благочестивым царём Зиусудрой и посоветовал ему построить большую лодку (ковчег). Так Зиусудра спасся сам и спас свою семью, нескольких ремесленников, нескольких животных и драгоценные металлы. Всё остальное было уничтожено. Через некоторое время Зиусудра выпустил голубя из ковчега, чтобы проверить, есть ли поблизости земля. В конце концов, воды спали. В награду за спасение людей и животных Зиусудра обрёл вечную жизнь[5].

2-далил:

“После потопа боги Энлиль и Энки сделали Зиусудра бессмертным и поселили его с супругой на востоке, в стране Дильмун. Согласно шумеро-аккад. мифологии, именно там богами были сотворены первые люди[6]”.

3-далил:

“Но мы знаем, что Библия была создана только в 13-11 веке д.н.э. израильтянами на основе древнешумерских легенд, в которых говорится, что имя спасшегося от потопа звали не Ной (это имя придумали израильтяне), а Зиусудра, его корабль течением потопа отнесло на юг – к горе Шам. После окончания потопа Зиусудра поселился и жил в стране Дильмун[7]деп жазылган. Илимий фактылардан көрүнүп тургандай, Кыдыр атабыз топон суудан элди сактап калганы үчүн жалгыз Жараткандын назарына илинип, түбөлүк өмүргө ээ болуп, Кудай касиетине жеткен.

— Бирок, Шумердин жазмасындагы топон суудан сактаган кишинин ысымы башкача айтылат экен го?

— Ооба, алааматтан элди куткарган кишинин ысымы “Сиситр”, “Ксизутр”, “Зиусудр”, “Атрахасис” жана “Ут-напиштим” беш вариантта сакталган. Бирок, бешөөсү бир гана ысымдан бүчүр байлаганын жана жалгыз киши болгонун илимпоздор моюндаган, буга бир фактыны кыстара кетели: “Действительно, практически все народы Земли, имеющие традицию эпического фольклора или почитаемые в этом народе священные тексты, хранят память о гигантском всемирном наводнении. И все обнаруженные предания сохраняют три общие черты изложения: (1) Вся первоначальная жизнь на земле уничтожена грандиозным, ни с чем не сравнимым катаклизмом. (2) Вся нынешняя жизнь пошла от одного человека, который, (3) катастрофе, соорудил специальное судно и пережил Потоп на нем вместе со своей семьей[8]”. Эми чечмелей кетсек, аталган ысымдардын баары КЫДЫР атабыздын так эле өзүнүн ысымынан бүчүр байлаган. Айтсак, Жараткандан тартууланган жумшак, ийкемдүү жана таза тилибиз бузулуп, сенек тилге айланып, катый баштаган маалда “К” тыбышынан кийин келген “Ы” тыбышы такыр эле айтылбай калат. Маселен, орус туугандар КЫРГЫЗ дегенди айталбай “КИРГИЗ” десе, аңгличандар “КҮРГҮЗ” дейт. КЫДЫР дегенди орус калкы “ХИЗР” десе, арабдар “КАДЫР” дейт. Ошондой эле арабдар менен тажиктерде “Ы” деген тыбыш орду түбү менен эле жоголуп, жоюлуп кеткен, мындай мисалдарды тизе берсек толтура. Кыскасын айтканда, Вавилондогу тили катыган элдер КЫДЫР дегенди бузулган тили менен СИДИР деп айтып, б.з.ч. грек тарыхчысы Берос тарыхка СИСИТР деп жазган. СИСИТР жана СИДИР деген ысымдар КЫДЫР деп чечмеленет. Андан ары карай талдоо жүргүзсөк, КСИЗУТР дегени Киши КЫДЫР, ЗИУСУДР дегени Сыйлуу КЫДЫР, АТРАХАСИС дегени Ата-КЫДЫР-Азис, ал эми УТ-НАПИШТИ дегени Ата-пуштум дегенди туюндурат. Ырас, моюнга алып койолу, киши ысымын окшоштуруу менен азыркы илим менен билим өнүккөн заманда эч кимди ынандыруу мүмкүн эмес. Бирок, баса белгилеп кетейин, окшош чыккан атын танып кеткен күндө да, затын эч кайда жашыра албайбыз. Дегеним, беш түрдүү ысым менен тарыхта белгиленген Шумердеги инсан түбөлүк өмүргө ээ болгону чынбы? Албетте, чын! Ал эми КЫДЫР атабыздын түбөлүк өмүрү барбы? Албетте, бар! Демек, бул фактыда бирибиз да каршы турганга акыбыз жок, Шумер жазмасындагы топон суу апаатынан жумурай журтту сактап калганы үчүн жалгыз Жараткан Теңирдин назарына илинип, түбөлүк өмүргө ээ болгон киши бул – биздин КЫДЫР атабыз. Ал эми Нойдун жомогун тастыктай турган тарыхый маалымат жок. Жөөттөрдү кул кылган Шайтандын китебинде гана жазылып, элдин башын айландырып келди.

— Маегиңизге ырахмат, “Кыдыр санжырасы” Кыргызга кут кондурсун!

 P.S. “Кыдыр санжырасы” китеби “Нуска” китеп дүкөнүндө, Борбордук аянттагы “Ала-Тоо” кинотеатрынын маңдайындагы китеп саткан жерде, Чүй проспектиндеги Борбордук почта түйүнүнүн ичиндеги кыргыз китеп дүкөнүндө жана И.Арабаев атындагы Университеттин библиотекасында сатылып жатат.

 Маектешкен Амантур Мусагул уулу

 Deфакто” гезити

[1] А.В.Постников, Схватка на «Крыше Мира»; политики, разведчики и географы в борьбе за Памир в XIX веке, М., 2001. Стр. 39.

[2] И.Горненский “Легенды Памира и Гиндикуша”, М., 2000. Стр. 20.

[3] А.Зайцев, В.Лаптева, А.Порьяз, Мировая культура: Шумерское царство. Вавилон и Ассирия. Древний Египет. – Москва, ОЛМА-ПРЕСС, 2000. Стр. 142.

[4] А.Зайцев, В.Лаптева, А.Порьяз, Мировая культура: Шумерское царство. Вавилон и Ассирия. Древний Египет. – Москва, ОЛМА-ПРЕСС, 2000. Стр. 271.

[5] Апокриф, Магические пантеоны: Божества западных эзотерических традиций, Пер. с англ. О.Перфильева, М., 2002. Стр. 26.

[6] Православная Энциклопедия http://www.pravenc.ru /text/199889.html

[7] http://www.litsovet.ru/index.php/material.read? material_id=435763

[8] Сергей Головин, Всемирный потоп. Миф, легенда или реальность?, Симферополь, 1999. Стр. 9.

Журналист Орунбековго козголгон кылмыш иши сотко өтүп, 21-сентябрга белгиленди

«Маалымат.KG» сайтынын жетекчиси Дайырбек Орунбековго Октябрь РИИБи соттун чечимин аткаруудан баш тартып жатат деп Кылмыз жаза кодексинин 338-беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Сот 21-сентябрда Октябрь райондук сотунда каралат.

Дайырбек Орунбеков өзүнүн сайтына 2010-жылдагы Ош коогаланына Убактылуу өкмөттү айыптап, алар алдын ала токтотуу аракетин кылбаганын, сеператист Кадыржан Батыров Алмаз Атамбаев менен тынымсыз жолугуп турганын сынга алган. Кадыржан Батыров ВВС маалымат агенттигине «мени өлкөдөн Атамбаев качырып жиберген», – деп берген маегин көтөрүп чыгып, башкы күнөөкөрдүн берген маеги боюнча президент моралдык жоопкерчиликке тартылышы керек жана жооп айтуусу шарт деп жазган. Мындай макаласы үчүн Дайырбек Орунбековду Башкы прокуратура сотко берип, Аламүдүн райондук соту журналисти 2 млн сом жана президент Алмаз Атамбаевден ММКлар аркылуу кечирим сурап, жазган макаласын жокко чыгарсын деп милдеттендирген. Орунбеков 2 млн сом боюнча Атамбаевге ар ай сайын 100-200 сомдон которуп баштаган. Макаланы төгүндөө боюнча чечимди каражаты жоктугуна байланыштуу аткара албай жатканын, «Маалымат.KG» сайтын бийлик тартып алып жаптырып салганын билдирген.

Соттун чечимин аткаруудан баш тарткандыгына байланыштуу козголуучу кылмыштын жазасы 2 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Орунбеков өзүн соттун чечимин аткаруудан атайын баш тарпаганын билдирген.

«Мен мыйзамды сыйлайм жана аны аткарууга милдеттүүмүн. Атамбаевдин адилетсиз бийлиги менин сайтымды тартып алып жаптырып салды. Анын моралдык чыгымына бекитилген суммаларды төлөп баштадым. Макаланы төгүндөө боюнча мен өзүмдүн сайтыма жарыялашым керек, сайтты мыйзамсыз жаптырып салышты. Мен кайда жазып чыгышым керек?»,- дейт Орунбеков. Журналист кылмыш ишин сөз эркиндигине болгон кысым катары эсептейт.

«Мага карата болуп жаткан куугунтук башкаларга сабак болуш үчүн гана жасалып жатат. Эгер, президент чын эле өзүнүн кадыр-баркын ойлосо, жакында аны депутат Болот Шер «Атамбаев оорулуу, ал психиатрдын жардамына муктаж»,- деп айтканына реакция кылыш керек болчу. Президент депутаттын айтканына макул болгондой унчуккан жок. Мен жазган макаламда Атамбаевдин жеке кадыр баркына шек келтирүүчү кемсинткен сөздөрдү колдонгон эмесмин. Мисалы, «Атамбаев оорулуу», «психиатрдын жардамына муктаж» деген сөздөр болгон эмес», – дейт Орунбеков.

Булак: Кyrgyztoday.kg

ELLE: Кыргызстандын президентинин 19 жашар кызы Алия Шагиева күйөөсү Константин экөөсүнүн үйлөнүү үлпөтү кандай өткөндүгүн айтып берди

Алия Шагиева орус жигитке күйөөгө чыккандыктан республикада  улутчул маанайдын толкунун жаратты.

Өткөн жумада президент Алмаз Атамбаевдин кызынын жана анын орус улутундагы күйөөсү Константиндин  жашыруун өткөн үйлөнүү үлпөтү жөнүндөгү маалымат Орусиялык ММКларга тарады.  19 жаштагы Алия өзүнүн Instagram социалдык тармагындагы досторуна үйлөнүү үлпөтүнөн кийинки Ысык-Көлдөгү эс алуу учурунда Константин менен түшкөн сүрөттөрүн жарыялап жатып күйөөгө чыкканын да билдирди. Ошол замат улутчул маанайдагы мекендештеринен президенттин кызынын дарегине акараат сөздөр жаай баштады. Константин деле Кыргызстандын жараны экендигине карабай көптөгөн этникалык кыргыздар, өзгөчө эркектер Алиянын кыргыз эмес күйөө тандаганына нааразы болушту.

Алия Шагиева бизге өзү айтып бергенине караганда Константин экөөсүнүн үйлөнүү үлпөтү 27-августта Бишкектеги Skyhall ресторанынын чатырында өткөн. Жергиликтүүлөрдүн үйлөнүү үлпөтүн жүздөгөн кишилерди чакырып тойлогон салтына каршы президенттин кызы менен күйөө баласы тар чөйрөдө гана майрамдоону чечишкен. Чакырылгандардын арасында Константиндин достору менен коллегалары, Алиянын курбу кыздары жана эки тараптан тең жакын туугандары болду.  Андан башка да Алия өзүнүн фортепиано классы боюнча мугалимин да чакырган, улгайып калган бул аял Алияга анын өзүнүн айтымында бир тууган чоң энедей эле болуп калган. Баардыгы болуп тойго 30 эле киши келген, бул Борбор Азия үчүн өтө эле жосунсуз, жупуну банкет болуп эсептелет.

Алия Шагиева с мужем4

Эки жаш так ушундай тынч үйлөнүү үлпөтүн каалашкан. Алар консервативдик каада-салттардан баш тартышып, алар үчүн эң маанилүү болгон майрамды заманбап стилде өткөрүүнү чечишкен. Баары саркеч, кооз, ашыкча шөөкөтсүз жана ысырапкерчиликсиз өттү. Шаан-шөкөт шаардын борбору көрүнгөн 11-кабаттуу үйдүн чатырындагы ресторандын жабык аятнчасында, жагымдуу джаз музыкасынын коштосуунда өттү. Робби Уильямс сыяктуу жылдыздарсыз, журналисттерсиз өттү. Келиндин үстүндө далысы ачык, тизеден кыска үйлөнүү үлпөт көйнөгү болду. Үлпөт көйнөгү ашыкча шөкөттөлбөгөндүгү менен айырмаланып-бул дагы болсо негизги салттык эрежелерге каршы чакырык катары эсептелип, бирок прогрессивдүү чыгармачыл кыздын козголоңчу дүйнөсү үчүн бул кадимки көрүнүш.

Белгилей кетчү нерсе, жаш чыгармачыл сүрөтчү кыз турмушка ата-энесинин макулдугу менен чыккан. Эки ай мурун жигит кыздын колун сураганда, эки тараптын тең ата-энелери, анын ичинде кыздын чоң мансаптагы (даражадагы) атасы бул жаңылыкты кубаныч менен кабыл алышкан. “Алар бул кабарды абдан жакшы кабыл алышты ”- деди Алия. Менин ата-энем эки жылдан бери Костяны билишет жана аны жакшы көрүп калууга дагы үлгүрүштү “.

Белгилүү болгондой , кыргыз лидеринин жаңы күйөө баласы 1992-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Константин кесиби боюнча программист, элдин алдына чыкканды, шаан-шөкөттөрдү жактырбайт. Алия менен 4 жыл мурун интернет аркылуу таанышкан. Анда ал 20 жашта, ал эми кыз 15 жашта болгон. “Мен ал учурда псевдоним менен блог жазчумун ”-дейт Алия. Бул башынан ар кандай кыйынчылыктарды өткөрүп жүргөн, жаш өспүрүм кыздын өтө эле жашык күндөлүгү эле. Бир күнү ал менин блогумда мындай жазуу калтырыптыр: “Түнүң бейпил болсун. Баары жакшы болот”.

Ушундан улам биздин достугубуз башталды. Бул достук бара-бара романтикалык мамилелерге айланды. Жигит сизди эмнеси менен өзүнө көңүлүндү бурду деген суроого, Алия : “Ал менден көп нерселер боюнча бир кыйла акылдуу жана аябай камкор”-деп жооп берди.

Келинчеги Алия Костяны “математикалык акыл эсине карабай, Костя чыгармачыл адам,-деп сыпаттайт. Экөөбүздүн тең кызыгуубуз пленка менен сүрөт тартуу болуп эсептелет. Ошондой эле экөөбүз тең жаратылышты жана капчыгайларга барганды жакшы көрөбүз”.

Бул баш кошуу байлык менен мансапка негизделген деп күмөн санагандарды президенттин кызы кабатыр болбоолорун суранат себеби – алар сүйүшүп баш кошушкан.

Өзүнүн атактуу фамилиясы менен Алия эч качан мактанган эмес. Турмушка чыкканга чейин,  быйыл жазында эле Шагиева деп апасынын фамилиясына өткөн. Буга дагы көпчүлүк адамдардын жаш сүрөтчү кыздын өзүнүн саркеч кийимдер линиясын сатыкка алып чыгууда атасынын атын пайдаланып жатат деген нараазычылыктары себеп болгон. Футболкаларды сатуудан түшкөн акчаларды рак оорусу менен ооруган балдарды даарылоо фондуна жибергендиги нараазы болгондорду токтоткон эмес. Андыктан Алия үчүн анын фамилиясы жана анын мамлекеттик лидердин үй-бүлөсүнөн экендиги  – көйгөйлүү тема.

Алия Шагиева с мужем5

Эмне үчүн Борбор Азияда эң толеранттуу деп эсептелген кыргыз эли  президенттин кызынын бир жөнөкөй программист жигитке күйөөгө чыкканына мынчалык кескин нааразы болушту?  “Мындай ашынган улутчулдук элдин негизги бөлүгүнүн ой жүгүртүү маданиятынын өтө төмөнкү деңгээлинин логикалык жыйынтыгы катары көрүнүп калды, – дейт  өзүнүн үйлөнүү үлпөтүнөн кийинки саякатынан сүрөттөрдү социалдык тармактарга салып жатып, мынчалык көп  караөзгөйлүктөрдү күтпөгөн Алия , – Тилекке каршы бизде алигиче мындай жапайы көз караштагы адамдар али көп. Экинчи жагынан адекваттуу адамдар баары бир көптүк кылат.”

Балким мамлекет башчысынын кызына элдин талабы өзгөчөдүр?  Алия деле муну танбайт. “Ошентсе да мен ал сүрөттөрүмдү ачыкка чыгарып жарыялаганыма кубанып жатам, анткени биздин социалдык басымга дуушар болгон көптөгөн кыздарыбыз үчүн ал сүрөттөр өз турмуштарын өзгөртүүгө чечкиндүү кадам жасоо үчүн түрткү болот жана шыктандырат деп ойлойм”, – дейт Алия Шагиева.

Булак: elle.ru

“Азаттыкты” барымтадан кантип чыгарабыз?

“Азаттык” радиосун кимдер гана билбейт. АКШ каржылаган бул медиа каражаты өзгөчө 2000-жылдардын башындагы Аксы каргашасын, аны улап отуруп, март ыңкылабына алып келген окуяларды чагылдыруудагы калыстыгы, оперативдүүлүгү жана таасындыгы менен атпай журттун оозуна алынганы эсибизде.

Бакиев режиминин тушунда да чыныгы абалды талдап, үй-бүлөлүк башкаруунун “формуласын” ачып берген берүүлөрү менен андагы бийликтин каарына калганы менен эл арасындагы аброюу андан бетер өсүп отурган.

Бирок азыр ошол “Азаттыктын” калк ичиндеги кадыры бир топ ылдыйлап, мурдагыдай болбой калганы тууралуу кеп-сөз көп. Өлкө ичиндеги коомдук-саясий окуяларды чагылдырууда мурдагыдай таасын анализдер жасалбай, үзүп-чолуп гана айтып-жазып калганы, көбүнчө жаңылык иретинде гана берген болуп, анысы да көбүнчө жергиликтүү агенттиктерге салыштырмалуу да кыйла кечигип чыгып калганы байкалат. Мурдагыдай курч маектер, салмактуу, күчтүү эксперттерди тартуу да солгундагандай. Кыскасы “Азаттык” азыр көпчүлүк үчүн оперативдүү маалымат булагы болуудан калып, өздөрү айтып жүргөн “башкалар айтпаганды биз айтабыз”, “ ачык айтып, ак сүйлө” деген ураандарга жооп бербей калганы байкалат. Интернеттеги соцжелелерде азыр “Азаттык” тек гана “социалдык-чарбалык медиага айланып калды” деген пикирлер арбып баратышы да буга күбө.

Айрым медиа-эксперттердин баамына назар салсак, буга радионун Бишкек бюросундагы менеджменттин чабалдыгы, кадрдык курамдын начарлап кетиши себеп болгон сыяктанат. Болбосо азыр “Азаттыкка” мурдагы бийликтердин тушундагыдай басым-кысым болгонун деле байкаган жокпуз.

Учурда бул медиа мекеменин Бишкек кеңсесин Султан Каназаров аттуу жигит башкарат. Өмүрбек Бабанов өкмөттү баштаган учурда маалымат катчысы болгон. Кыскасы ошол саясатчынын “көздөй кол баласы”. Учурунда анын “оту менен кирип, күлү менен чыгып”, кыйла эмгек сиңиргенин башкалар баамдабаса да журналист журту жакшы билет. Ошол жигит кийин деле анын партиясынын кызматын кылып жүрүп, үч жыл мурда “кайып-каскагынан жазып” “Азаттыктын” деректирлигине келип калганы да суроо туудурат. Анткени кайсы бир саясий күчтөрдүн камчысын чаап, коюн-колтук алышып жүргөн адамдын мындай медиа каражатка жетекчи болуп келиши эл аралык журналистиканын стандарт-принциптерине караманча каршы. Бул эрежеге ылайык, жетекчи эмес, катардагы журналист да кайсы бир саясатчы менен өтө жакын болбогону ийги. Анын үстүнө мурдагы “кол бала” “эки тараптуулук принцибин тутунган” бул медиа аркылуу эски кожоюндарын кези келгенде ачык да, кыйыр да пиарлап ийгени кээде кашкайып эле көрүнүп калган учурлар бар. Муну учурунда бизден башка маалымат каражаттары деле жазып чыгышкан.

Анысы ал болсун, соңку кезде эми ошол Султан “мырзанын” кирген-чыккан адамдарга мамилеси – жеткен оройлугу, өзүм билемдиги боюнча да сөз тарап, ага нааразы болгондор, таң калгандар чыга баштады. Буга бир мисал, медициналык туризмди өнүктүрүү долбоору менен шугулданган Бишкектеги бир компания ушул жайда тажрыйба алмашуу, медицинадагы жаңы технологиялар, ыкмалар менен тааныштыруу максатында кыргыз дарыгерлеринин бир тобун Түркияга алып жөнөп, бул сапарды чагылдыруу үчүн катарына ушул “Азаттыктын” бир кабарчы кызын кошуп алат. Бүт чыгымын көтөрүп, жакшы деген жайларга жайгаштырат. Кыскасы кем-карчы болбойт. Сапар алкагында кыргыз дарыгерлери бир катар алдыңкы клиникаларда болуп, түрк дарыгерлери жасаган түрдүү операцияларга катышат. Бизге түшкөн маалыматтарга таянсак, ошол кабарчы келгенден кийин ал операцияларга өзү гана катышкандай маанайдагы видеосюжеттерди сайтка чыгарат. Кыргыз дарыгерлерин керектүү жерде көрсөтпөй, иштен кийинки чарчап, шалдырап отурган учурлары тартылган кадрларды берет. Сапарды уюштургандар буга ичи чыкпай, чогуу барган дарыгерлердин нааразылыгынан улам калган материалдарды чыгарарда макулдашып алуусун өтүнөт. Бирок кабарчы кыз ушул жерден “силер мага үйрөтпөгүлө, кандай кылсам өзүм билем” деп тескериленип киргенде компания жетекчиси менен координатору “Азаттыктын” кеңсесине баш багып, директор Султан Каназаровго ошол кабарчыны чакырып, чогуу чаран сүйлөшүүнү сунуштаса, ал дароо “тескери тонун кийип” опурулуп кирет. Келген конокторго сөөмөй кезеп, “мен көрсөтөм силерге, түбүңөргө жетем” деп күпүлдөп, бөлмөсүнөн кууп чыгат. Мындай коркутууга, журналисттик этика тургай, адамгерчиликке сыйбаган мамилеге кабылган коноктор айла жок “эл аралык аталган медианын жетекчисинин деңгээли ушул болсо…” деген ойдо кеңседен чыкканча шашат. Бул боюнча кийинчерээк “Азаттыктын” Прагадагы жетекчилигине кайрылышкан. Бирок ал жактан “бир жумада жооп беребиз” деген бойдон башка жооп болбоптур. Угушубузга караганда, бул эки киши Султан “мырзанын” мындай оройлугуна туш болгон алгачкы адамдар эмес. Андайлардын арасында белгилүү саясатчылар, башка мекеме-уюмдардын өкүлдөрү да бар экен.

Дагы бир мисал, мурдараак “Азаттык плюс” телеберүүсү сойкулук боюнча берүү тартып, анысына Ош аэропортунан чыгып келаткан кыздар тартылган кадр чапталып калат. Дал сойкулар боюнча сөз болгон жерде ошол кыздардын жүзү даана көрсөтүлгөн кадр эфирден кетет. Ал кыздар билим берүү долбоору боюнча иштеген Бишкектеги бир таасирдүү мекеменин кызматкерлери болуп чыгат. “Силерди телевизордон сойку деп көрсөттү” деген сөздөрдү уккан бул үч кыз чыдабай кетип, түз эле “Азаттыктын” кеңсесине келсе ошол эле Султан Каназаров аларга да опурулуп, кууп чыккан экен. Бирок кийин андан өйдө турган жетекчилер ишти териштирип, “Азаттык” ошол эле КТРКнын эфири аркылуу кийинки берүүлөрүндө ал кыздардан кечирим сурап, түшүндүрмө берүүгө аргасыз болот. Мындай кечирим суроого баруу айла жоктогу акыркы чара экенин өзүн сыйлаган ар бир медиа мекеме жакшы билет. Ага карабай, ал кыздар сотко кайрылып, иш соттон сотко өтүп отурганын да эшиттик. Сот демекчи, буга чейин да ушул эле радио бир молдону бачабаздыкка айыптап, ал молдо сот аркылуу ири өлчөмдөгү айыпка жыгуу менен утуп алганын азыр айтылуу аалым Чубак ажы айтып жүрөт. Сот өндүрүшүндө азыр деле “Азаттык” боюнча мындан башка да арыздар бар экенин угуп калдык. Негизи эл аралык журналистиканын эрежелерин карманган, баарын эки тараптуу, калыс, тактап чагылдырган медиа эзели сотко кабылбаш керек, кабылса да эгер чын эле калыс чагылдырса айыпка жыгылбаш керек. Башкача айтканда сотко кайрылууга себеп болгон жагдайларга жол берилбеши шарт. Демек, бул жерде да баягы эле жетекчинин кыраакылыгына, профессионализмге, журналисттик деңгээлге байланышкан маселе жатат.

Кадр демекчи, акыркы жылдардагы архивине көз салсак, андагы кемчиликтерди, “Азаттыктын” принциптерине көп шайкеш келе бербеген материалдарды, тандаган темаларын, анан калса келегей, тилдик эрежелерди сындырган сүйлөм түзүлүштөрүн карап отуруп, эфиринен “эжелеп, какап-чакап” сүйлөгөндөрдү, маекке чакырган эксперттерге берген кызыктай суроолорун угуп туруп кадрдык курамды өтө деле профессионал, мыкты деп айтканга ооз бара бербейт. Бул медиа уюмдун Бишкек бюросундагы атмосфера, кызматкерлерге мамиле боюнча да ар кыл айың кептер чыга баштады. Угушубузда, кыргызды ар качандан бир качан тушап келген “кыргызбайский” чылыктар бул мекемени да чырмаган сыяктанат. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, өз үнү, өз жүзү бар дасыккан, тажрыйбалуу кызматкерлердин бир даары жетекчилик менен келише албагандыктан өз эрки менен иштен кетсе, дагы бирлерин ар кандай айла-амал менен четтетип жатыптыр. Алардын ордуна келгендер керектүү жүктү көтөрө албай, анын кесепети жалпы деңгээл менен ишке тийип жаткандай. Бул боюнча албетте океан ар жагындагы кожоюндар билбеши мүмкүн. Андыктан Бишкектеги АКШ элчилиги деле андагы абалга бир көз салып койсо ашыкча болбостур.

Ошол эле кезде тиешелүү тараптарга андагы чыныгы абалды ашкерелеген кайрылуулар даярдалып, көз карандысыз эксперттик топтор өз демилгеси менен “Азаттыктын” материалдары өз миссиясына канчалык төп келип-келбей жатканын иликтөөгө ала баштаганын да кулагыбыз чалып калды. “Уккан кулакта жазык жок” албетте, неси болсо да жыйынтыгын күтө туралы.

Султан Каназаров “Азаттыктын” Бишкек бюросун жетектөөгө кантип келип калганы жана анын ишмердигине байланышкан башка жагдайлар боюнча да бизге бир топ маалыматтар түшүп жатат. Бул боюнча биз да журналисттик иликтөөлөргө кириштик. Албетте, айтабыз дешсе “Азаттыктын” жетекчилигине да бул боюнча сөз берүүгө даярбыз.

А азырынча “Азаттыктын” азыркы карманган позициясына жана даярдаган продукциясынын сапатын комчулук кандай баалап жатат, эксперттерге сөз узаталы…

Канышай Мамыркулова, журналист:

“Бүкүлү бойдон жута бербей, ылгашыбыз керек”

– “Азаттык” Кыргызстанда тараптарсыз маалымат берүүнүн позициясын карманганга аракет кылып келет. Бир тараптуу болуп кеткен жагдайлар дагы жок эмес. Бул айрыкча, Жанар Акаев менен Чубак ажынын маселесинде байкалды. Бирок, ага карабастан оперативдүү маалыматты окурмандар гана эмес, журналисттер деле “Азаттыктан” пайдаланабыз. Анын эмнесин жашырабыз. Ошондуктан окурмандар болобу, угармандар болобу “Азаттыктын” берген продукциясын “бүкүлү бойдон жута бербей” ылгашыбыз керек. “Азаттык” түгүл, аалам идеалдуу болбой калды. Мындай абалда аларга карата “чындыкты сөзсүз силер айтышыңар керек” деген позицияны карманбай, “чындыкты тууралап кабыл алганды үйрөнөлү” дегенге дагы даяр болушубуз керек. Бир жагынан “Азаттыкка” альтернатива боло турган басылма болбой жаткандыгы дагы адамдардын “Азаттыкка” болгон “таарынычын” пайда кылышы мүмкүн. Ошондуктан айыпты акыйкатка жеткибиз келсе, “Азаттыкты” эле тиктей бергенден абайлашыбыз керек…

Өмүрбек Абдрахманов, экс-депутат:

“Иш жетекчиден көз каранды”

– “Азаттыктын” Уставында бир гана негизги иши каралган, ал “Демократиялык баалуулуктарды таратуу”. “Азаттык” Венера Жуматаева жана Султан Каназаров башкаргандан бери ал уставдык талаптарды аткарбай эле күнүмдүк маселелерден башы чыкпай калды. Эгер биз элибизге демократиянын баалуулуктарын, принциптерин жеткире албасак, эл эч качан бийликтен реформаларды талап кыла алышпайт. Демек, “Азаттык” азыр Американын Конгресси бөлүп аткан акчаны актаган жок… катардагы эле информациялык радио болуп калды… Иш жетекчиден көз каранды, а мамлекет – президенттен…

Кайып Шери, коомдук ишмер:

“Мурда “Азаттыкты” дем албай укчу элек…”

– “Азаттык” батышчыл саясатты жактайт, а Атамбаев түркчүл деп айтабыз. Жок, Атамбаев да накта Американын саясатын жүргүзгөн саясатчы. Атамбаевди күйөөгө берчү кыздай мактаган “Азаттык” аны билет. Эгер буга макул болбогондор, президенттин түрк-орус чатактарындагы кадамдарына сарасеп салып көрүшсө эле баамдай алат. “Азаттыктын” азыркы жетекчиси Каназаров Отунбаеванын жардамчысы болуп жүргөндө, 2010-жылы апрель окуясынан кийин, жакшы бала көрүндү эле. Эми бийликке жагынуунун жакшы даамын сезе бештаганбы, шилекейин бийликти мактоо үчүн чачыратууга өттү. Байкап көрсөк, “Азаттыктын” мурдагы жетекчилери да бийликке иштөөдөн баш тарткан эмес. Ошол эле Оторбаев, Молдокасымов, Чоротегин… Азыр кылган “эмгектери” бааланып, жайлуу орундарды ээлеп калышты. Венера Сагындык кызынын аталаш агасы Жыпар Жекшеев “Манас” орденин алды. Абдил Сегизбаевдин аталаш тууганы У.Эгизбаев Ардак громатасына ээ болду. Жанар Акаев эл өкүлүнө айланды. Кубат Оторбаев КТРКнын чоңу болду, андан барып Акыйкатчылыкка отуруп калды. Тынчтык Чоротегин президенттин алдындагы “Мурас” фондун жетектейт. Кыяз Молдокасымов анын орун басары. Балким, Каназаров да кайсы бир кызматты  күтүп аткандыр. Мурда “Азаттыкты” дем албай укчу элек. Азыр анда эл пикири деген нерсе дээрлик жок болду, көйгөй дегенде эле Баткендеги турмуш-тиричиликтик маселелерди алып чыгышат. Болбосо Үркүн-Тоо маселесин ушулар көтөрүшү керек эле. Делимитация-демаркация боюнча чегара кызматында иштегендер жана иштеп кеткендердин алым-сабак айтышы болуп атат, ал тууралуу “Азаттык” көптү билет, бирок унчукпай айткысы келбей турат.

Табылды Акеров,  саясат таануучу, тарых илимдеринин кандидаты:

“Бийликти карай таш ыргытсаң, “Азаттыктын” мурдагы кызматкерлеринин башына тийет”

– “Азаттык” жөнүндө өтө көп сөздөр коомчулукта тарап келет. Башканы жалган десек да. “Азаттык” жөнүндө айткандардын чындык экендиги кашкайып көрүнүп турат. Өткөндө бир тойдо олтурган топ: “бийликти карай таш ыргытсаң, “Азаттыктын” мурдагы кызматкерлеринин башына тийет экен”,- деп таамай сүйлөдү. Бийлик “Азаттыкты” колдон чыгаруудан коркот. Себеби, андан чыккан материалдар дүйнө жүзүнө тарайт. Ошондуктан, булардын чоңдоруна, туугандарына кызмат, мамлекеттик сыйлык, акча берип, Бишкекке келген сайын жолунан тосуп алып, кайсы министр же саясатчы менен сүйлөшсөм, туугандарымдын маселеси бар экен десе, таап берип,  аларды алдына салып берип, бөйпөңдөп турушат. Анан калса, булардын айрым жетекчилери, кызматкерлери МУККнын агенттери болуп алып, бийликтен таптаза чыга албай калды деген сөздөр бар. Бирок, чынында эле эң чуулгандуу иштердин баары “Азаттыктын” кабарчылары аркылуу чагылдырылды. Ал кызматы үчүн алар чоң кызматтарды алышты, алды президенттин пресс-катчысы, ЖКнын депутаты болсо, арты мамлекеттик сыйлыктын ээси болуп калышты. Айрым иштер боюнча миңден ашкан материал берилгендигин, санап чыккандар айтып жүрүшөт. Бул “Азаттык” МУКК бир бөлүгүнө айланганын, анын төө бастымында калгандагын билдирет. Айрым аналитиктер “Азаттыктын” жетекчилигинин туугандары СССР учурунда эле КГБнын подполковник, полковниктеринен болгондугун айтышат. Ошондуктан, бүгүн “Азаттык” чындыктан тайып, толук бойдон “МУКК карамагындагы ММК каражаттарына айланды” деген сөздөр чындыкка жакын.

Автандил Белеков

Булак: “Майдан.kg

Жусупжан Жээнбеков, экс-КСДПчы губернатор: “Биз башчысы бар өлкөдө жашап жатабызбы өзү? Оштогу губернатор, мэр, акимдер Көчмөндөр оюндарында жүрүшөт, элди ойлогон жан жок”

Саясый ишмер Жусупжан Жээнбеков редакцияга телефон чалып, өлкөдөгү кырдаалга карата ачууланганын билдирди. Көкүрөккө толгон бугун гезит окурмандары үчүн да тартуу этип койдук. 

– Жусупжан аке, көптөн бери көрүнбөй кеттиңиз да, кайдасыз?

– Ээ үкам, көрүнүп тургудай күзгү белем силерге? Жүрөм Оштогу үйүмдө эле. Майда-барат күнүмдүк тиричилик менен алпурушуп.

– Ошто эмне жаңылык болуп жатат?

– Ошто эмне жаңылык болсун? Бул жактагы жана өлкө аймагы боюнча аким, губернатор, шаар мэрлери, атургай айыл өкмөт, оорукана башчыларынан бери Ысык-Көлдө өтүп жаткан Көчмөндөр оюнуна көчүп кетишкен. Азыр бул жерден жергиликтүү жетекчилердин бирисин дагы таппайсың. Биздин жергиликтүү жетекчилер Ысык-Көлдө туристтерге гид болуп, ар бирин колдон жетелеп алышканбы? Тобоо кылдым, бир оюн үчүн ушунча күнгө элди таштап баса беришеби? Эл буларсыз деле оокат кылышат дечи, бирок бир оюндун шарапаты менен он күнгө чейин иш таштап кетет деген эмне деген шумдук? Мына, Оштогу губернатор, мэр, акимдер баш болуп, 31-август эгемендик майрамын түшкө чейин шашылыш өткөрө салышып, баары баса беришкен. Ушундай да болобу? Биз башчысы бар өлкөдө жашап жатабызбы өзү? Мамлекеттик казынанын тартыштыгы 30 миллиардга чамалаптыр. Ыя айланайын, бул эмне деген шумдук? Биз ушуну ойлонбойлубу? Айтор, элибизге кыйын эле болууда.

– Эми Көчмөндөр оюну деле Кыргызстанды дүйнөгө даңктаган, мамлекетибиз үчүн мааниси бар эл аралык деңгээлдеги иш-чара болуп жатпайбы. Мунун арты менен канчалаган туристтерди өлкөбүзгө тартып жатабыз. Мындай жакшы иштерден жамандык издегениңерди токтотпойсуңарбы эски муундагы саясатчылар?

– Бара беришсин, ага эч кимдин каршылыгы жок. Жетекчилер ошондой оюндардын ачылышына барып коюп, келе беришсе болбойт беле? Анан эле он күн бою анын артынан түшүп жүрүшсө, иш эмне болот? Азыр жетекчилер үчүн оюн көрчү убакытпы? Эй, Аксыда эмне болуп жатат? Карагылачы, Үңкүр-Тоо боюнча кырдаал башталганда парламент депутаттары эс алууда. Кезексиз сессияга чогулгандын ордуна кайра Көчмөндөрдү шылтоолошуп, 12 күндүк эс алууга чыгып кетишти. Сыртта чек ара чыры курчуп турса, булар оюн көрүп жүрүшөт. Оруп-жыюу өнөктүгү курчуп жатса, губернатор, акимдер Ысык-Көлдө оюн кубалап жүрүшөт. Бул кандай?

Калыгул Бейшекеев

Булак: “Азия Ньюс”

Жалал-Абад шаарында Курман айт намазы мечиттерде окулат

Жалал-Абад шаарында Курман айт намазы ушул жылдын 12-сентябрь күнү шаардагы  борбордук жана жума намаз окулуучу мечиттерде окулат. Бул тууралуу Жалал-Абад областтык мусулмандар казыятынын аппарат жетекчиси Карим Төлөнбаев билдирди.

Анын айтымында,Курман айт намазын жылына шаардагы борбордук жана шаар тургундарынын жашаган жерине жакын жайгашкан жума намаз окулуучу мечиттерде окулат. Окуу убактысы  таңкы саат 7:40да башталат.

-Ал эми Жалал-Абад областтык мусулмандар казыятынын казысы Абдулазиз ажы Закиров курман айт намазын шаардагы борбордук Имам Бухари мечитинде окуйт,- дейт ал.

Кийинки хандык такка олтуруучу башкы увазирлер

 

Өзбек президенти Ислам Каримов бул жарыктык менен коштошкондон кийин өзбектирди ким башкарат деген талкуу күч алды. Коңшуларда дагы бийлик талашкан кландар толтура. Алардын таасирдүүлөрү Ташкент жана Самарканд кландары. Каримовдун тушунда эле бул эки клан күч структураларына таасир этип турушкан. Ташкенттиктер Улуттук коопсуздук кызматын (СНБ) кармаса, Самарканд кланы ИИМде турган. Бирок, СНБ башчысы Рустам Иноятов самарканддыктарга көбүрөөк көңүл бураары айтылып келген. Каримовдун ишенген жакын адамдарынын бири да Рустам Иноятов делип эсептелинет. Самарканд кланынан такка олтурчу негизги фигура 2003-жылдан бери премьер-министр болуп иштеп келе жаткан Шавкат Мерзяев. Анын негизги атаандашы катары ташкенттиктердин кланынан  финансы министри Рустам Азимов эсептелинип жатат. Каримов өзү Самарканд кланынан болгондуктан Шавкат Мерзяевде таасир күч экенин аналитиктер белгилөөдө. Өзбекстанды өз кучагына тартууга аракет жасап жаткан күчтүү державалар да Мерзяевдин тамырын тартканга аракет кылышууда. Мындан сырткары Рустам Иноятовду өзбек бийлигинин “серый кардиналы” деп эсептегендер көп. Президенттик тактыга олтура турган адам Иноятовдун батасын алып, колдоосуна ээ болушу керек. Шавкат Мерзяев менен Рустам Иноятовдун жакын мамилесинен да куда-сөөк жагы да бар деп айтылып калууда. Мерзяевди 2003-жылдан бери башкы увазир кылып алып жүргөн да Иноятов экени акырындык менен ачыкка чыгууда. Ал тургай Каримовдун улуу кызы Гүлнаранын тизгинин тартып, үй камагына олтургузган дал ушул Иноятов.  Мунун баарын эске алганда Өзбекстандын кийинки президенти болууга Мерзяев жакыныраак.

Бизде дагы мураскер ким болот деген суроо талуу бойдон турат. Коңшуларда Самарканд, Ташкент болуп күрөшүп жатса, биз түндүк-түштүк болуп, бул жарайт, бизден болушу керек деген ажырымды токтото элекпиз. Азыркы президент Алмазбек Атамбаев мураскер даярдабайм, эл өзү каалаган адамын шайлап алат деген менен кийинки келечеги үчүн сөзсүз мураскерин калтырып кетери бышык. Президент айланасынан жол улоочусун чыгара алабы? Бул дагы маселе. Атамбаевди Чүйдөн чыккан саясатчы деп эсептелерин эске алганда, ага мураскер тандоодо таасир этчү чүйдүн саясий күчтөрү болушу мүмкүн. Мураскер катары Иса Өмүркулов менен УКМК башчысы Абдил Сегизбаевди көргөндөр бар. Президент бул экөөсүнө бийликти тапшырышы күмөн. Иса Өмүркуловду мураскер катары даярдаган болсо ага кылмыш ишин козгоп, кара көө жапмак эмес. Сегизбаевди ордума калтырып кетем деп орустарга көрсөткөндө, стратегиялык өнөктөштөр жарабайт деп кол шилтегенин саясатчылар айтышкан. Атамбаевдин мураскер катары калтырууга жалгыз талапкер азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков гана калгандай. Ал киши мамлекеттик кызматта иштеген убактан бери артынан жаман сөздөр айтылган эмес. Сооронбай Жээнбековдун эң негизги көзүрү колунун иазалыгы, коррупциялык ишке аралашпаганы. Экинчиден азыр Атамбаев бийликке келгенден бери түштүктө жакшы маанайды жаратуу кыйынга турду. Түштүктөн добуш алуу да оңойго турбайт. Бул жагынан Жээнбеков Атамбаевдин ишин бир кыйла жеңилдетет. Өкмөт башчысы болуп келгенден бери ишти алга жылдыруу үчүн жакшы эле күйпөлөңдөп, маңдай тер төгүп аракет кылып жатат. Каримовдун тажиясына да Сооронбай Жээнбековдун барышы, кийинки президент деп саналып жаткан Мерзяев менен чек ара маселесин талкууга алышы анын кийинки тактыга олтурууга мүмкүнчүлүгү жогору болуп баратканынан кабар берет. Андыктан, эки өлкөдө президенттик тактыга башкы увазирлер олтуруп калышы толук мүмкүн.

Кыялбек Тагаев   

Булак: “Жаңы-Ордо”

 

 

Сабыр Муканбетов, журналист: "Атамбаев ачууга алдырып, аша чаап, эски досторун боктоп, кууп салды"

Алмазбек Атамбаев көз карандысыздыктын 25 жылдыгына арналган мааракеде ачууга алдырып, аша чаап, референдум өткөрүп, Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккан апрель революциясындагы соратниктерин боктогондон бери бир жума өтө элек. Президентибиздин капилеттен жасалган бул демаршы өлкөнү өпкөгө “дүңк” эттире бир койгондой эле болду. Коомчулук тең жарыла экиге бөлүнүп, бири каршы, бири за болуп эле жатып калдык.

Тараптарга ашкере берилип, кызмат өтөгөндөрдүн рейтинги артып, пландалбаган кирешеге карк болуп, дүжүрлөрдүн курсактары чедирейсе, башкаларынын абийирлери айрандай төгүлүп, Көчмөндөр оюну менен Үңкүр-Тоонун аркасынан Ала-Тоонун коюн-колтугунун “шаңы” чыгып, эртеңкибиз тумандап турган чак.

Коомду кокту-колотко бөлүп, такты талашкан эргулдардын көпчүлүгү “Текеге” (Өмүрбек Текебаев) ишене албай, “Кабыланга” (Алмазбек Атамбаев: “Иттин ээси болсо, кабыландын Кудайы бар” дегенден кийин Форумдагы оппозиция аны “Кабылан” атап калганыбыз бар) каршы батына албай, кыйналган келинчектин ролунда… Же сүйгөнүнө жете албай, же калың бергенге кете албай, эки анжы.

“Битке өчөшүп, көйнөгүн отко салган” ажо ачууга алдырып, эски досторун боктоп, кууп салып, ишеним артууга болбой турган, мурун бир эмес эки кожоюнду удаа саткан ит-куштун арасында калганын туйган-туйбаганы так белгисиз болгону менен кандайдыр бир деңгээлде абдырай түшкөнү Ата Бейитте байкалды. Санаркоо күч болуп, алакачтырбай, тексттен чыкпай, тал-төөндөй туруп бергени ошондон болсо керек.

Каршылашкан тарап деле адегенде психиатрия темасына чейин жетип катуу кетип жатканы менен кийинчерээк айткан пландарын аткаруу иштери солгун. Анткени, Курултайды уюштуруу иштери боюнча комиттеттин жыйыны болгон-болбогону, эмне деген чечимге келегени ЖМКларга жарыяланбай жымжырт бойдон калып, маалымат согушунда таптакыр эле жокко эсе күчтүн ролун чагылдырышууда.

“Отунбаева Европага кетиптир, качыптыр, келбейт экен. Өмүрбек Текебаев, Эмилбек Каптагаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Равшан Жээнбеков ж.б. камалат экен” деген сыяктуу маалыматтарды коштогон оппозициялык көз караштагылардын аракети байкалбагандыктан, мындай маалыматтарга ишеним арта баштагандардын саны артууда. Серепчилер бийликке каршылаш тараптардын камап-матоодон чочулаганынын негизги себептеринин бири катары оппозициянын жалпы элдик колдоого ээ эместигине, б.а. массовкасы (пушечное мясо) жоктугуна байланыштырууда. “Кабылан” да ошондой жагдайдан улам катуу кеткен билдирүүлөрдү жасап, ва-банк кетип жатканын айтышууда.

Карапайым калктын кайдыгерлиги тууралуу кеп болгондо, элдин көтөрүлүшкө болгон ишеними кайтканы айтылууда. “Асанды кууп, Үсөнгө бергенден пайда жок, элдин чекеси жылыбагандан кийин эмнеге делдектейбиз! Бири өлүп, бири калсын, андан көрө бекер концерт көрүп, карап турган жакшы” деген кептер басымдуулук кылууда. Калктын апатиялык маанайын көрүп турган “Кабылан” да “булар келсе мага көр казат экен, андан көрө ал-күчүм барында булардын эки бутун бир кончко тыкпаймынбы” деп күүлөнүп алгандай.

Ошентип, саясаттын мындан аркы өнүгүшү “Теке” менен “Кабыландан” көбүрөөк көз каранды болуп тургандай. “Теке” артка чегинеби? “Текени” камаса кандай болот? Тынчыса бүттү, “Кабылан” жеңгени ошо!” деген эле кептер. Текебаев деле ва-банк кете албайт, “артка чегинет” дегендердики деле чындыкка жакын. Анткени, Текебаевдин аброюн көтөрүп келген “Ата Мекен” бүгүн жок. Бакыт Калмаматов, Жоомарт Сапарбаев, Турат Мадылбеков, Ташболот Балтабаев, Асия Сасыкбаева сыяктуу бешинчи чакырылышта “Текени” коргоп келгендерди кидать этип жатса, Эркинбек Алымбеков сыяктуу ак жүрөк жигит о дүйнө салып жатса, “Текени” ким коргомок эле? Олигархтын чүрпөсү Айсулуу Мамашева (350 миң доллары менен), дунганенек Бахадур коргомок беле? Каныбек Иманалиев “Феликстин көчүгүнө суу куйгандай “Текеникине” да куйсам, ажого жагам” дегенби… айтор, ар бир мандатты беш жүз миң долларга баалап жатканда ойлош керек эле да келечегин.

Ал эми берки камалуучу тизмедеги Равшан Жээнбеков, Кеңешбек Дүйшөбаев тууралуу кандай жыйынтык болуп, алар кандай туруштук берерин көрө жатарбыз, бирок, Эмилбек Каптагаев тууралуу ишенимдүү айта турган кеп бар. Ал түрмөгө түшсө кылы кыйшайбай, “ардактуу конок” катары төрдө отурары талашсыз. Анткени, бүгүнкү бийликтин каралар менен болгон мамилесин тейлеген Эркин Мамбеталиев “таякемди камаарын камапсыңар, табаңар ушуну менен кансын, мен аны силерге салып бербейм” деп айтканга кудурети жетет. Андыктан, бул жаатташуу кимге канча залал алып келип, кимиси канчалык жабыркайт, кимисинин башына бакыт конуп, кимдин куту качат – алдын ала айтуу кыйын.

Сабыр Муканбетов

Булак: “Азия Ньюс” 

 

Нуржан Шайлдабекова каякты карап отурат?

Балыкчы шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгынын башкы адис-финансисти Айнагүл Асанакунова 2016-жылдын 27-мартындагы жергиликтүү кеӊешке болгон шайлоодо Балыкчы шаардык кеңешине депутат болуп шайланган. Кызыгы, Башмыйзамда муниципиалдык кызматтын кызматкерлери жергиликтүү кеңештин депутаты боло албастыгы так, даана жазылып турса да, бу Айнагүл айым анча-мынча мыйзамдарды аттап өтүп, эчтеме билбегенсип шаардык кеңештин депутаты, ага удаа Балыкчы мэриясынын муниципиалдык менчик башкармалыгынын башкы адис-финансисти болуп отурганы кандай? Бизде качанкыга чейин мыйзамдарды уруп ойнобой, “эки тоонун чөбүн эңсегендер” өсө бериши керек? Айнагүл айымдын мамкызматкер экенине карабай аны шайлоо алдында талапкер катары каттоого алып, мыйзамды буйлалаган төөгө айланткан БШКнын Балыкчы шаарындагы атайын өкүлү Капар Акматбек уулу менен БШКнын Балыкчы шаары боюнча системдик администратору Кайрат Кемел уулу экендиктери ыраспы? Бул маселе туура жагына чечилип, А.Асанакунованын депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, БШКнын жогорудагы аттары аталган жооптуу кызматкерлерине чара көрүлөбү же дагы эле аларды борбордук жетекчилиги “бармак басты, көз кысты” кылып куткарып ийишеби? Бул маселени БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова тез арада көңүлгө алып, чара көрөрүнө ишене туралы.

Ийгилик Болсунбаев

Булак: “Азия Ньюс”

 

Наралы Асанбаев, журналист: "Текебаев эркек экенин 5 жыл мурун көрсөтпөйт беле? Эми аны Атамбаев пайдаланылган чочок каптай ыргыткандан кийин "эркекмин!" деп итиреңдебей"

Ажо Атамбаевдин майрам күнү аянтта алоолонуп сүйлөгөн сөзүнөн кийин кыргыз саясатчыларында принцип деген түк жашабай турганын дагы бир жолу көрдүк.  Чындыгында, өлкө башчысынын борбордук аянтта ошончо элдин алдында “теке”,  койлор”,  “саясык саясатчылар”, “бузукулар”, “жалганчылар”, “камалат”, “жазаланат” деп сүйлөгөнү көчөдөгү дайди сөздөрдүн теңи болду. Бир кезде чогуу жүргөн санаалаштарын боктоп жибергени этикадан жат экенин көрсөтсө, бер жагы төңкөрүш жасагандар бир идеянын тегерегинде бирикпегенин, бийликке эптеп жетсем, андан аркысын көрөбүз дегендер экенин ырастады. Атамбаев “мародерлор, банктагы ячейкадан тыйын алгандар, Батыровго окшогондорду качыргандар өз жазасын алат” деп айтканы, мушташта таяк жеген жаш баланын “Азыр көрөсүң, жеп жутам” деп жер муштап бакырганындай эле кеп болду. Болбосо,  мародерлорду 6 жыл ичинде таап, оозун Ошту каратып, энесин Үч-Коргондон көрсөтүп койгонго бийлиги да, күчү да жетет болчу го. Зарылбек Рысалиев мародерлорду таап чыгам, далилденип жатат дегенде аны иштен алгандын ордуна толук мүмкүнчүлүктү бербейт беле. Түштөн кийин айкырганы эмнеси? Элдин көзүнчө жазаланат, камалат деп айтсам, көпчүлүк колдоп кетет дегениби?

Банктагы ячейкадагы тыйындарды сөз кылуудан мурун, ошол кезде Атамбаев ким эле, кайсыл кызматта олтурган? Төрайымдын биринчи орун басары болуп, каржы маселелерин чечип жүрбөдү беле. Бүгүн “мен тазамын, калганыңар сасыксыңар” деп актана берсе жараша береби? Убактылуу бийликтегилердин калпыс иштерин ашкерелеп жүргөндөрдү эл душманындай көрүп, бакиевчилер, ошолордун куйруктары, үйлөрүн өрттөйбүз деп жүргөн кезин унуттубу. Убактылуу Өкмөткө мүчө болуп КСДПдан төрт адам кирген. “Ата-Мекен”, “Ак-Шумкар” сыяктуу  партиялардан мынчалык адам мүчө болуп маселе чечкен эмес. Ячейкадан алынган акчалар төңкөрүштү жасаган партияларга түштүктөгү жаңжалды басууга адамдарын жөнөтүү үчүн бөлүнгөн. Муну Атамбаев билсе керек. Айрым  маалыматтар боюнча “Форумдун” жанындагы апрель ыңкылапчыларына арналган эстеликти курууга 8 миң доллар ячейкадан алынган акчадан бөлүнгөн деп айтылып жүрөт. Демек, ал жерге эстеликти президент өз чөнтөгүнөн тыйын коротуп койдурган эмес десек болобу?

“Батыровго окшогондорду өлкөдөн чыгарып жибергендер жазаланат” деген сөзүн уккан Кадыржан Батыров “Балли Алмаз аке” деп мыйыгынан күлүп, көк чайды чайпап ичип жатса керек. Кыргыз менен өзбекти кагыштырган сепаратист Батыровдун мыйыгынан күлө турган жагдайы бар экен. Ал 2012-жылы эле Би-Би-Сиге маек берген. Анда “2010-жылдын май айындагы Жалал-Абадда болгон окуялардан кийин Убактылуу Өкмөт менден суранды. Бакиевчилер кыргыздарды сизге каршы кайрап атышат, кырдаал бир аз тынчыганга чейин четке чыгып туруңуз дешкен соң, мен Кыргызстан-Тажикстан чек арасындагы Кайраккум суу сактагычына жакын жерде жашап тургам. 2010 жылдын 10 июнунун алдында өзбек улуттук маданий борборунун жетекчилери жана борбордун ардактуу кишилери Бишкек шаарына барып, Алмаз Атамбаевдин жеке өзү менен жолугушушту. Ошондо Атамбаев: «Кадыржан акеге барып айтып койгула. Ушунча чыдады дагы бир аз чыдап турсун. Эгер жашай турган жери болбосо менин Москвадагы өйүмө барып турсун. Москва болбойт десе, Туркиядагы үйүмө барсын. Баары жакшы болот, сабыр кылып турсун. Кадыржан аке кайтып келет, дагы чогуу иштейбиз» деп Жалалидин Салахидиновго айтыптыр. Кайраккумда турган кезимде Атамбаев менен жолугушкан кишилер 10- июнь күнү менин алдыма келишип, болгон сөздү айтып беришти…” деп айтат. Сепаратистти ким чыгарганын тактоо кыйынга турбаса керек. Батыровду Түркиядан көргөн адамдар бар. Ал жактан ал кишини алып келүү кыйынга турбаса керек. Баардык күч түзүмдөрү президентке баш ийип турганда, жалгыз адамды алып келүү  Батукаевди аэропорттон узаткандан да жеңил да.

Президенттин “теке” деп айткан сөзүнө теригип, азыр анын Конституциялык реформасына каршы чыгып жаткан Текебаев Атамбаевдин азыркы абалга жетишине өз салымын кошуп келген. Түштөн кийин “Баатыр” болгонду ал дагы токтотсо жакшы болмок. Кечээ күнү “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүндө Өмүкең “Мародёрлорду таппайбы. Дагы бир жылы бар. Мародёрлорду жакшы издеп чыкса, өзүнүн партиясынан чыгат. Эгер таба албаса, мен жетелеп алып барып көрсөтөм. Мен кайрылат элем: “Атамбаев, мен – Текебаев, эч жакка качпайм! Бир жылың бар. Тап! Таппасаң, мөөнөтүң бүткөндөн кийин сени менен өзүм сүйлөшөм. Эркек болсоң тап!  Мен – Текебаев  эркекмин! Эч жакка качпайм!” – деди. Текебаев  5 жыл мурун эркек экенин көрсөтпөйт беле! Атамбаевдин айткандарын, Баш мыйзамда көрсөтүлбөгөн укуктарды мыйзам аркылуу өткөрүп берип, анын бийлигин күчтөнтүп жүрбөдүбү. Бийликке жакпаган адамдарды алып түшүп атты го. Бүгүн Атамбаевсиз эле коалиция түзсөк болот деп айтып жатат. Муну эбак эле жасаса, ажо, анын администрациясында жүргөндөр ажыдаарга айланмак эмес.  Өлкөдө башкача башкаруу орун алмак да, гитара менен ырларын созолонткон адам 7 эмес, 17 ыр жаздырып салмак. Азыр да Текебаев Атамбаевге ачык оппозиция болуп чыга албайт. Ыңгайы келгенде ойт берип ойноп кете берет. Буга да мисал келтирейин. Азимбек Бекназаровго “Президенттин Конституциялык реформасына каршы бирге туралы” деп өз адамын жиберет. Азике “Мен Текебаевге ишенбейм. Ал ойноп кетет. Эгер чогуу болсок экөөбүз жанаша олтуруп “Президенттин реформасына каршыбыз” деп маалымат жыйынын берели. Менин көзүмчө телефон чалып сура?” дейт. Ишенген адамы Текебаевге телефон чалып, Бекназаровдун айткан сөздөрүн айтса “Жок, мен Бекназаров менен чогуу олтуруп маалымат жыйынын бере албайм. Ал радикал. Мен Атамбаевдин саясатына каршы чыкпайм” деп айтат. Азыркы күндө Баш мыйзамыбыздын “атасымын” деген Текебаевди президент колдонулган чочок каптай ыргытып салганына ичи ириңдеп турган кез.  Бир кезде”Аскар  Акаев менен Майрам Акаеваны Румын президенти Чаушескудай атып салыш керек!” деп катуу сындап чыккан, кийинки президент  Бакиевди “ит болдуң, асынып ал” деген Текебаев азыр Атамбаевге азуусун сала албай, кайраттан кайтып калгандай. Конституцияга өзгөртүүнү Акаев менен Бакиев деле киргизип келген. Экөө тең ошол өзгөртүүсү менен кыргызды өзгөртө алган эмес. Атамбаев деле өзгөртүү киргизгени менен эч нерсени өзгөртө албайт. Тескерисинче, өзүнүн президенттиктен кетээр күнүн жакындатат. Текебаев болсо Акаевге Конституциялык реформаларды өткөрүүгө жардам берип жүрүп, “заслуженный юрист” наамын алып жумшарганы эле болбосо, эл арасында жарытылуу саясий упайга деле ээ болгон эмес. Азыр деле Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө “жасалма” оппозиция болуп, саясий шоу жасаганы менен элдин ишеничине кире албайт. Элдин ишеничине ээ болуу үчүн Текебаев жалгыз гана Конституциялык реформага гана каршы болбой, Атамбаевдин саясий системасына каршы чыгуусу зарыл.

Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы-Ордо”

 

 

Жумагүл Эгембердиева, өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү: “Үңкүр-Тоодо абал туруктуу, кырдаал көзөмөлдө”

 

Жалал-Абаддагы Үңкүр-Тоону өз менчигиндей “байырлап” алышкан өзбектер жана андагы абал тууралуу облустун кожейкеси Жумагүл айым менен азыноолак телефон аркылуу маалымат алдык.

– Жумагүл айым, Аксыдагы Үңкүр-Тоодогу кырдаал боюнча маалымат бере кетсеңиз? Ал жактагы чыныгы абал кантип жатат?

– Үңкүр-Тоо боюнча абал туруктуу. Тиешелүү кызматтар биздин жарандарды бошотуп келүү боюнча иштерди жүргүзүп жатышат. Эл да мындай маселелер дипломатиялык каналдар аркылуу гана чечилерин түшүнүү менен мамиле кылышууда. Биз Аксы жана Ала-Бука райондорунун акимдери менен бул иштер боюнча такай байланышта болуп турабыз. Кырдаал көзөмөлдө.

– Бүтүндөй түштүктөгү аким, губернаторлор Көчмөндөр оюндарына кетип, облустагы тиешелүү жетекчилерди күндүз табыш кыйын болуп жаткандыгын экс-шефиңиз Жусупжан Жээнбеков айтып жатат го?..

– Андай деле эмес. Өлкөбүз үчүн мааниси терең иш-чарага да барса болбойбу? Өзүңөр көрдүңөр, Көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде өтүүдө. Ар бир регион буга чоң жоопкерчилик менен даярданышып, кыргыз элинин эң мыкты салттарын, ошол эле учурда өз регионунун өзгөчөлүктөрүн көргөзүүгө аракет кылышты. Мисалы, Жалал-Абад облусу Курманбек баатырдын турмушунан эпизоддорду, андан тышкары кыз узатуу салтын көрсөтүштү. Мен бул чет элдик коноктор үчүн эле эмес, баарыбыз үчүн, өзгөчө жаштар үчүн чоң майрам деп эсептейм. Оюндарды көргөнү келишкен жаштар өз өлкөсү, чабандес жигиттери үчүн сыймыктанышкандарын айтышууда. Башка облустардын өзгөчөлүктөрү жөнүндө да көп нерселерди билишти. Бул иш-чараны элдин аң-сезиминин салтанаты десек болчудай. Чет элдик туристтер аябай көп келишти. Бул оюндарда кайсы облус жеңишке жетишерине карабастан, эң башкысы Кыргызстан утту деп эсептейм.

Калыгул Бейшекеев

Булак: “Азия Ньюс”

Аликбек Жекшенкулов, мурунку тышкы иштер министри: “Унгар-Тоону эч ким өзбектерге өткөрүп берген эмес, ал жер биздики”

– Аликбек агай, Өзбекстан куралдуу аскери менен Унгар-Тоону басып алып, ал жерди өзүбүздүн аймак деп жарыялады. Кыргыз бийлиги Унгар-Тоону 2006-жылы эле мурунку президент Бакиев берип жиберген экен деген маалыматты тараткандан башка чара көрчүдөй түрү жок. Бакиевдин 2006-жылы Ташкентке болгон ырасмий иш сапарын ошол кездеги тышкы иштер министри катары сиз уюштурган экенсиз. Эки өлкөнүн башчылары кол койгон келишимдерде Унгар-Тоо маселеси каралып, өзбек тараптын пайдасына чечилген беле?
– Бүгүнкү бийлик чек ара, айрыкча Фергана өрөөнүндөгү коопсуздуктарды чечкендин ордуна күнөөлүүлөрдү , душманды издеп калды. Бул бийликтин кетирген эң соң катачылыгы. Унгар-Тоо мурун эле Өзбекстанга берилип кеткен экен деп шылтоо издебей, тоонун тарыхын изилдеп чыгышы керек болчу. Азыр Өкмөттүн чек араны делимитациялоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп аткан Курбанбай Искандаров ошол кезде деле иштечү. Аламановдун комиссиясында мүчө болгон. Ал киши баарын билет. Бүгүн болсо унчукпай олтурат. Ошол киши эмне үчүн үн катпайт? Искандаров тажрыйбалуу инсан. Менин оюм боюнча ал киши деле жогор жактагылар бул маселени түшүнбөй турганын билип унчукпай олтурат. Азыр мындай татаал ишти түшүнгөнгө дарамети жеткен адам жок. Тышкы иштер министринин башкы максаты башка мамлекеттер менен кызматташуу үчүн жакшы маанайды түзүү. Дипломаттар эки элди чабыштыра турган абалды түзмөк беле? Эгемендүү мамлекет болгондон бери Өзбекстан менен болгон мамилебиз бирде муздап, бирде жылып келген. Бирок, 2010-жылдан кийинки муздак мамиле такыр болгон эмес. Мындай абалдын жаралышына да биз күнөөлүүбүзбү? Алты жылдан бери Ташкентке жогорку даражадагы ырасмий иш сапарлар болгон жок. Мындай абалды бийликтегилер жаратты да.
– Тышкы иштер министри катары кандай келишимдерге кол коюлуп жатканын сиз билишиңиз керек болчу да?
– Бул маселеге мени кошуп, элге жаман атты кылып көрсөтүп жатканынын себеби, Өзбекстан иштетип келген пансионаттарды өзүбүздүн карамагыбызга алып жаткандагы айткан сөзүм. Туура, пансионаттарды алыш керек. Бирок, алгандын да тартиби болот. Аны сүйлөшүү, келишим жолу менен алат. Эл аралык норма ошондой. Кечкисин бар, эртең менен ойгонсо жок болуп калбашы керек. Бул эки тараптуу саясий-экономикалык, коопсуздук мамилеге жакшылык алып келбейт. Бийликтин амалдуу экенин байкабайсыңарбы. Унгар-Тоо боюнча эле үч жолу позициясын алмаштырды. Биринчи жолу Бакиев, Жекшенкулов күнөөлүү деп айтылды. Андан кийин сүйлөшүүгө болот, бирок сүйлөшүүнү ушулар татаалдаштырып кетти деди. Эми болсо Унгар-Тоо талаш маселе деп айтып жатышат. Баштаганда эле талаш маселе деп баштабайбы! Өздөрү “Бакиев президент учурунда эле Унгар-Тоону өткөрүп берип койгон” деп айтып, өзбек бийлигине көзүр карматып коюшту. Тоону эч ким өткөргөн эмес. Өткөргөнгө үч маанай зарыл. Биринчисинде эки өлкөнүн президенттери кол койгон келишим болот. Экинчисинде парламент ратификациядан өткөрөт. Үчүнчүсүндө Тышкы иштер министрлиги ратификация нотасын жөнөтөт. Ушул үч кадам болмоюнча чек ара чечилди деп айтпаш керек. Азыркы бийликтин эң чоң саясий катачылыгы Унгар-Тоо кетип калган деген маалыматты чыгарганы. Ушул сөз үчүн жооп бериши зарыл. Өкмөтпү, президенттин администрациясыбы же чек ара боюнча комиссия жооп береби, аны элге чыгарыш керек. Эгер мен Бакиевдерге кошулуп алып элдин байлыгын сатып жүргөн болсом ага каршы чыгып, түрмөдө олтуруп далай тозокту көрөт белем?!
– Президенттин ырасмий иш сапары болуп жаткан соң документтерди Тышкы иштер министрлиги даярдаган болсо керек? Унгар-Тоо Өзбекстандыкы деген протоколду даярдагандар кимге баш ийген?
– Мен жалпы жонунан карагам. Жаңылбасам 15-16 адам өз тармагы боюнча барган. Мен ТИМ министри катары жетектеп баргам. Бүгүнкүлөр айтып жаткан протоколду карагандар мага эмес, Өкмөткө баш ийишет.
– Сөз болуп жаткан протоколду качан көрдүңүз анан? Ал протоколдо Унгар-Тоо Өзбекстанга таандык деп жазылганбы?
– Ал жерде Унгар-Тоону Кыргыз ССР кезиндеги Суеркулов, Кулматов учурундагы жагдайларга таяныптыр. Бирок, бир нерсени белгилеп коёюн, 1991-жылы Алма-Ата декларацияга КМШнын президенттери кол коюп жатканда ошол күндөгү чек ара таанылат деп жазылган. Ушул биздин биринчи көзүрүбүз. Экинчи көзүрүбүз президенттер келишимге кол коё элек, парламенттен ратификациядан өтпөгөн. Ошондуктан Унгар-Тоо берилип кеткен деп айткан азыркы бийликтегилердин чыккынчылыгы.
– 2006-жылдагы протокол эл аралык мааниде юридикалык күчкө ээ боло алабы?
– Ошол протокол андай күчкө ээ эмес. Аны иш кагазы деп эсептесе болот.
– Парламенттин тышкы байланыш комитетинин төрагасы Алмазбек Батыралиев “ошол протокол Унгар-Тоону кыргыздын пайдасына чечүү үчүн тоскоолдуктарды жаратат” деп айтыптыр. Протоколду кандай жол менен четке какса болот?
– Ачык айтканда Батыралиев тышкы саясатты жакшы түшүнбөйт да. Сөз болуп жаткан протоколду бир гана нота менен четке какса болот. Чек ара боюнча иштеп жаткан комиссиянын мүчөлөрү өз чечимин чыгарып, аны премьер-министр бекитип, тышкы иштер министри Ташкентке нота жибериши керек. Бүттү, ошону менен эле ал протокол четке кагылат да башынан сүйлөшүүлөрдү жүргүзө берет. Ушуну жасабагандан кийин сабатсыздык, түшүнбөстүк деп айтса болобу? Бүгүнкүлөрдүн мамлекет үчүн жүрөгү күйбөйт.
– Ушул эле жылдын жаз мазгилинде ошол кездеги Өкмөт башчы Темир Сариевдин колу коюлган, Унгар-Тоону Өзбекстандын аймагы деп тааныган токтомдун көчүрмөсү коомчулукка жарыяланып кеткен. Ал токтом өзбектер үчүн жакшы маанай түзүп берди да…
– Ооба, аларга көктөн түшкөндөй эле болду. Мына, өзүңөр таанып жатпайсыңарбы?- деп көрсөтчү кагаз да. Бирок, аны деле ички документ деп четке кагып койсо болот. Мен кыргыз бийлигине таң калам. Жазда маселе козголгондон кийин ошол жерге чекарачыларды коюп, бекемдеп койгонго ким тоскоолдук кылды? Эмне булардын духу жетпейби же жүрөгү жокпу? Унгар-Тоого чыкчу жол биз тараптан кетет. Наржагы зоока. Бул тоонун талаштуу себеби, эгемендүү мамлекет болгондон кийин Унгар-Тоодогу радиорелейдик станциядан батыштын эркин массалык каражаттары өздөрүнүн берүүлөрүн чагылдырган. Өзбек бийлиги ага каршы болгон. Радио берүүлөр биздин элибизди туура эмес маалыматтар менен саясатташтырууну көздөөдө, буга силер жол бербегиле деп чыккан. Андан кийин ал жерди биздин жер деп чыгышпадыбы.
– Өзбектер радиорелейдик станцияда иштеген төрт кыргыз жаранын кармап кетип камап коюшту. Муну дипломатиялык тил менен эмне деп айтса болот?
– Мен өзбек бийлиги туура эмес кадам жасады деп эсептейм. Алар биздин бийликтин алсыздыгын билип туруп ушундай кадамдарга барып жатат. Эгерде бийлик чабал болсо, ички саясаты туруктуу болбой, экономика өксүп жатса башка мамлекеттер ошол өлкөнү андан бетер басмырлоого, жерин тартып алууга жол ачылат. Бул эл аралык тажрыйба. Унгар-Тоодогу радиорелейдик станцияда биздин жарандар бар экенин билген өзбектер эмне үчүн куралдуу аскерин жиберет? Буга ким жооп берет?- деген суроону ачык коюш керек. Азыркы бийликтин келгенине алты жыл болду. Алты жылдан бери бир нерсеге жооп бериши шарт болчу. Жооп бере турган кез келди. Өзбек тараптын билдирүүлөрүн карасаңар, алар биринчи ал жерди такталбаган талаш жер деп айтты. Биздикилер Өзбекстанга берилип кеткен деп айткандан кийин, Унгар-Тоо Өзбекстандын аймагы деп жарыялашты. Унгар-Тоону эч ким өзбектерге өткөрүп берген эмес, ал жер биздики.

Наралы Асанбаев

Булак: “Жаңы-Ордо”

ШКУ өлкөлөрүнүн аскерлери Кыргызстанда террорчулукка каршы машыгуу өткөрөт

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн аскер бөлүктөрү Кыргызстанда биргелешкен аскердик аракеттерди иштеп чыгышат. Бул тууралуу өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы билдирди.

Кыргызстанда 15-21-сентябрь күндөрү эл аралык “Тынч миссия-2016” аскердик машыгуулары өтөт. Ага Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттерден – Кыргызстан, Кытай, Казакстан, Орусия жана Тажикстандын жоокерлери катышат. Машыгуулар Балыкчыдагы 20636-аскер бөлүгүндө өтөт.

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан кабарлашкандай, иш-чаранын максаты – террорго каршы бирге аракет көрүү. Машыгуулардын жүрүшүндө аскерлер тоолуу аймактарда атайын операцияларды жүргүзүү ыкмаларын үйрөнүшөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түндүк Корея эң ири ядролук бомбасын сыноодон өткөрдү

Түндүк Корея өз тарыхындагы бешинчи ядролук бомбаны сыноодон өткөргөнүн жарыялады. Мамлекеттик маалымат каражаттары бүгүн, 9-сентябрда өлкөнүн түндүгүндөгү полигондон ядролук программа тарыхындагы эң ири бомба тесттен өткөрүлгөнүн расмий кабарлады.

Буга чейинки төрт сыноо да ошол Пангири деп аталган аймакта жүргүзүлгөн. Бүгүн ал жерде күчү 5,3 баллга жеткен сейсмикалык активдүүлүк байкалды.

Жума күнү болгон сыноонун кубаттуулугу — 10 килотонна, бул мурдагы жардырууларга салыштырмалуу эки эсеге көп. Хиросиманы жок кылган атомдук бомбанын кубаттуулугу 15 килотоннага барабар болгон.

Түштүк Корея Пангириде бүгүн буга чейин болуп көрбөгөндөй катуу жарылуу катталганын билдирди. Расмий Сеул жана Токио муну “кооптуу жана олуттуу чагым” деп атады. Кошмо Штаттар оор кесепет болушу ыктымалдыгын эскертти.

АКШ менен Жапония Түндүк Кореянын жээгине өз учактарын чалгындоого жөнөттү. Алар абаны жана жарылуу болгон жерге жакын аймактардагы радиациянын деңгээлин текшеришет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусия балдар акыйкатчысы Павел Астахов отставкага кетти

Орусия президенти Владимир Путин балдар акыйкатчысы Павел Астаховду кызматтан алуу тууралуу жарлыкка кол койду.

Астахов отставкага өз каалоосу менен кетти. Ал кызматын эмгек өргүүсүнөн келгенден соң өткөрүп берет.

Буга чейин ММКлар балдар акыйкатчысынын кызматтан кетери тууралуу билдиришкен. Белгилүү болгондой, Астаховдун ордуна Бүткүл Орусиялык элдик фронттун Пензадагы аткаруу комитетинин башчысы жана президенттик гранттардын оператору Анна Кузнецова барат.

Астахов балдар акыйкатчысы кызматын 2009-жылдан бери аркалап келген. Ал орусиялык балдарды чет өлкөлүктөрдүн багып алуусуна тыюу салган мыйзамдын идеологдорунун бири катары белгилүү. Июндун соңунда интернетте аны кызматтан кетирүү петициясы пайда болгон. Ага Астаховдун Карелиядагы трагедиядан кийин балдар менен сүйлөшүп жатып: «Сууга жакшы сүзүп келдиңерби?» деп сураганы себеп болгон. Балдар акыйкатчысынын ал сөздөрү коомдо кызуу талкуу жараткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эмомали Рахмон: «Душмандар ислам мамлекетин түзүүнү көздөшкөн»

Тажикстан президенти эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары «кара ниет күчтөр менен адашкандар чет өлкөлөрдөгү колдоочуларынын» көрсөтмөсү менен ислам мамлекетин түзүүнү көздөшүп, өлкөнү согушка кептеген деп эсептейт. Бул тууралуу Эмомали Рахмон өлкөнүн көз карандысыздыгынын 25 жылдыгына арналган Кохи Борбаддагы салтанаттуу жыйында билдирди.

Рахмон эгемендүүлүктүн алгачкы жылдары тууралуу айтып жатып, элдин үмүт-тилегине карабастан «жат маданият менен динди киргизүүгө» ниеттенип, ал эмес шашылыш түрдө ислам мамлекетин түзүүнү пландаган күчтөрдүн болгонун билдирди.

Президент андагы окуялардын бардыгына учурда өлкөдө тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясын күнөөлөдү. Ал жаңы гана түзүлгөн партиялар менен кыймылдар «Ислам кайра жаралуу партиясынын идеялары менен пландарынын туткунунда калып», өлкө согушка кептелгенин белгиледи. Айтымында, анын жыйынтыгында миңдеген адамдар курман болуп же качкынга айланып, өлкөнүн экономикалык негизи талкаланган.

Рахмон бүгүнкү күндө ислам өлкөлөрүндө болуп жаткандардын бардыгы тең Тажикстан эгемендигинин алгачкы жылдарындагы окуялардын кайталануусу экенин билдирди.

25 жыл мурда, 1991-жылдын 9-сентябрында, Тажикстан социалисттик республикасынын Жогорку кеңешинин кезексиз сессиясында Тажикстандын мамлекеттик көз карандысыздыгы тууралуу декларация кабыл алынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өмүрбек Текебаев: "Мага Нарымбаев келип, Батукаев боюнча изилдөөнү токтоткула, болбосо мародерлукту козгойбуз деген"

-Өмүрбек Чиркешович, “Ата-Мекен” партиясына карата, кара пиар ирээтинде мародер деген көөнү кимдер сүйкөгөн? Бул сөз эмнеден келип чыкты же кандайдыр бир себептери барбы?

– Атамбаев Президент болуп шайлангандан кийин, өзүнө ыңгайсыз партнёр, Ата-Журт партиясынан арылгысы келди. Биринчи кезекте Келдибековдон. Анткени ал кезде революциячыл партиялар утулуп  калган Ата-Мекен менен КСДП, ал эми Ата-Журт күркүрөп турган. Атамбаев Президент болуп шайланганда биринчи кадамы Ата-Журттан арылып, революциячыл партиялар менен жаңы коалиция түзгүсү келген. Бирок Ата-Журттун позициясы күчтүү эле, чынын айтыш керек абдан күчтүү эле. Эл дагы айрыкча түштүк тарапта колдоп турган.Парламентте, өкмөттө жарымын ээлеп.  Келдибековго ачык эч ким каршы чыга албай турган. Ошондо Ата-Мекен партиясы ачык каршы чыккан. Биздин демилге менен Келдибеков кызматтан кетти. Эми ал жөн эле себепсиз кеткен жок, көп кетирген катаалары, кемчиликтеринин негизинде кызматтан кетти. Эми Ата-Мекен партиясы жалгыз өзү күчү жетпейт эле, Атамбаев баш болуп жана КСДП партиясы чоң көмөк көрсөттү. Бүгүн ачык айтып коюш керек, Ата-Мекендин күчү жетпейт эле, Атамбаев да чоң колдоо көрсөткөн. Ошол убакта түрмөдө олтурган Юсупов дегендин катын, Келдибеков биринчи жолу Парламентте жана ММКларда таратты. Ал эми Юсупов ал катында Текебаев же Ата-Мекен партиясынын мүчөлөрү марадёрлук кылды деп айткан эмес. Эми марадёрлук деген көчөдөгү карманник дегендей эле сөз да. Биз эми мамлекетти башкарып турган адамдар, жыйырма жыл Акевге, Бакиевге баш ийип материалдык баалуулук же мартабалуулук үчүн принцибибизден тайып, кайтып кеткен адамдар эмеспиз. Эми мындай нерсе биздин адамдык сапатыбызга, жеке абийирибизге туура келбейт. Жада калса ошол аферист Юсупов да биз жөнүндө эч нерсе деген жок. Ал болгону Райкан Төлөгөновдун баласы менен чогуу жүргөм, бир жерден Жаныштын офисине барып бир бала компютерин алып кетти, бир бала килемин алып кетти, дагы бирөө дубалда илинип турган картинасын алып кетти, Төлөгөновдун баласы алсаңар ала бергиле деп уруксаат берип койду эле деп айтты, башка эч нерсе деген эмес. Болду ушуну Келдибеков өзүнүн пайдасына пайдаланганга аракет кылды, бирок эч кандай тыянак чыккан жок. Анан бир топ убакыт өткөндөн кийин, Атамбаев экөөбүз кеңешип олтуруп Премьер-министр Бабановду кызматтан кетирели деп чечтик. Жөн эле кетирүү эмес, орчундуу себептери бар эми аларга токтолуп отурбайын. Анда да жаңы миссияны аткарууну Атамбаев бизге тапшырды. Бабанов деген жөнөкөй адам эмес, ал кездеги Премьер-министр, колунда массалык маалымат каражаттары бар, адамдык ресурстары, финансылык, информациялык ресурстары бар, өзүнчө гигант эле. Анан Президент каршы чыга албай, Өмүке өзүң ишке жарап бер деп жатса, эми себептери бар аны азыр айтып отурбайын, жөн эле интрига же көрө албастык менен эмес себептери бар. Ошентип Бабановдун өкмөтүн тараттык. Эми ал жөн эле кетип калган жок, эки айга созулган процесс болду. Ошол эки айдын ичинде унутулуп калган Юсуповду кайра казып чыгып, анонс берип эртең НТС теле каналынан көргүлө деп жарыялашты.  Юсуповдон түрмөдөн барып интервью алып ошону тынымсыз көргөзүштү. Эми анын алдында Республика партиясынын бир бараандай Депутаты түрмөгө кирип ага эки миң доллар берип, жаңы костюм-шым берип эмне деп айтаарын үйрөтүп, сүйлөшүп койгондон кийин анан барып НТС теле каналынын журналисттери интервью алышкан. Бабанов кызматтан кетти. Кетээринде Бабанов Атамбаевге кирип  барып айтыпыр, эми мен кетип жатам, жаманатты болуп кетип жатам, мен Текебаевдин жүзүн ачышым керек , марадёрлукту иликтеп аягына чыгаралы деп. Бул ишти иликтей ала турган мен ишенген адам Зарылбек байкем, ошол учурдагы ички иштер министри. Рысалиевге тапшырма берсеңиз ошол таап чыгат дептир. Анан Атамбаев Рысалиевге бул иш боюнча коммиссия түзүп, иликтеп тапкыла деп тапшырма берет. Аны мага Атамбаев өзү айтты, Бабанов капа болуп келиптир деп. Мен кетирдим деп айта албайт  да, Текебаев жаман деп мага арызданып келиптир анан ал ии ошондой болуп калды деп айткан го. Анан Атамбаев эмне керек дегенде марадерлук боюнча аягына чыгалы, мен ишенген адам Рысалиевге тапшырыңыз деген экен, анан Рысалиевге тапшырма бериптир.  Анан ал алты ай иликтеп издеп эч нерсе таба албай өзү уят болду. Эми болбогон, жок нерсени кайдан табат. Кийин өзү башка себептерден улам кызматтан кетти. Кайра эле Рысалиевди Жазаларды аткаруу кызматынын Төрагасы кызматына дайындашты. Баары тынчып калганда капыстан Батукаев кызыл килемден басып өлкөдөн чыгып кетпейби. Анан эмне себептен чыгып кеткени тууралуу маселени Ата-Мекен партиясы көтөрүп чыгат. Болот Шер коммиссиянын төрагасы болуп, кыска убакыттын ичинде бул окуя боюнча жашыруун технологиясын ачып чыгат.  Жаза аткаруу кызматынын Төрагасы Рысалиев уюштурган, ага сот катышкан, Саламаттык сактоо министри катышкан, Президенттин аппаратынан Табалдиев ошол кездеги Акыйкатчы Турсунбек Акунга чалып, Туке биз айтсак эл ишенбейт, сен Батукаев өлгөнү жатат деп айтып койбойсуңбу деп суранат, Президенттин атынан.  Ал эми Болот Шер бул окуяны бир жуманын ичинде иликтеп таап чыкпадыбы. Ошол замат мага Данияр Нарымбаев келди, Өмүке сөз бар деп. Эмне болду десем, силер ушуну иликтеп жатыпсыңар ушуну токтотпосоңор, биз марадёрлук ишти кайра козгоп карайбыз деп ачык ушинтип айтты. Анан менин жиним чатак да, мен айттым колуңардан келгенин кылып алгыла деп Нарымбаевди катуу сөктүм, эми мен өзүмө ишенем да. Анан кайактагы түрмөдө жаткан бир аферисттин сөзүнө ишенип алып, Президент токтоткула Батукаевдин ишин, болбосо биз табабыз деп айттырып жатат. Биз коммиссиянын жыйынтыгын аягына чыгардык. Баары далилденди, анан Атамбаев он жетинчи майда ошол жылы кайра атайын Зарылбекке тапшырма берип, атайын коммиссия түзөт. Тергөө тобун түзөт, башчысы кылып Рысалиевди дайындайт. Биз Батукаевди бошотту деп айыптап жаткан адамга.  Ушул марадёрлук боюнча иликтеп тапкыла деп. Негизи мыйзам боюнча Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси андай тергөө жүргүзбөш керек, булар мыйзамды да уруп ойногон жок.  Анан эмнени табат, эч нерсе таба албай ош базарынан бир муздаткычты сатып алып келишип, Жаза аткаруу кызматынын алдына коюп, биз таптык ушул муздаткычты Токмок шаарындагы бир жаран алып кеткен экен, Ата-Мекенге тиешеси жок, Токмоктогу бирөө алып кеткен экен, ошол кайра кайтарып алып келип койду. Ага Төлөгөновдун баласы ала бер деп уруксаат берген экен дешет. Анан түрмөдө жаткан эки үч Токмоктук баланы коркутушуппу же алдаппы ал балдардын үйүнөн барып, апасынан картинаны таап келишет. Бул картинаны Жаныш Бакиевдин офисинен ушул бала алган экен, үйүндө короосунда жаткан экен, бул картинаны да Төлөгөновдун баласы ала бергиле деп айтыптыр коюптур деп айтышат. Анан Жаныштын офисинен сейф жоголгон ошол сейфти 3-4 жылдан кийин, Ген прокуратуранын артынан таптык,талакаланып балгарка менен кесилип ошол жерде жатыптыр, анын ичинде бир кубок бар экен. Ошол кубоктун сыртында Урматтуу Жаныш Салиевичке 50 жылдыгы менен деп жазылып туруптур. Бирөө белек кылып берген экен. Ошону мисал кылып далил келтирип жатат. Кубокту таптык Жаныш Салиевичке деген жазуу бар экен деп. Далили ошол да, ошол сейфтен ушул табылды деп ушинтип айтып чыгышат. Анан эми ошол боюнча экспертиза жүргүзүшөт да, экспертизаны  жүргүзгөн адам ал кубокту 500 сомдук экен деп жыйынтык чыгарат. Анан мен балдарга айттым ушундай 500 сомдук кубок таап келгиле деп. Бишкетеги баардык соода түйүндөрүн кыдырып 500 сомдук кубок таба алышпай, эң арзан кубок 1500 сом экен деп айтып келишти. Логиканы айтып берейин. Эми Жанышка 500 сомдук кубок алып барган адамды сөгүп кууп чыкмак, бул бир, экинчиден аны алып сейфине салып, алтынды каткандай сактамак эмес. Анан ушундай жана башка Рысалиевдин жасалма далилдерди жасайм деп кылган аракеттеринин жүзү ачылат. Ага Генералдык прокуратура иш козгойт. Рысалиевге жардам берип жүргөн кеңешчиси Качкыналиев жана жардамчыларына иш козголуп,  Кыргызстандан качып кетишти. Эгер Атамбаев кеткенден кийин ушулардын баарын кармап келип, суракка алсак баарын төкпөй чачпай айтып беришет. Кимдин буйругу менен эмне жасагандарын. Ошол күнү Рысалиевда камалат, Президент тараптан аларга көрсөтмө берип буйрук кылгандар да камалат.

Мен Текебаев эмне айтып жатканымды билем!  Эки жыл мурун мамлекеттик кызматтык кылмыштарга мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу (срок давности) болбойт, 20 жыл 50 жылдан кийин болсо да камалат деген норманы кылмыш кодексине киргизип койгом. Зарылбеги да, Президенттин айлана-чөйрөсүндөгүлөр да убагы келет, мына бир жылдан кийин эле келет, жооп беришет. Учурда азыр Атамбаев дагы тапшырма берип, УКМКнын алдында түзүп, террористтерди кармагандын ордуна , дагы кайра Ички иштер министрлигинин алдында тергөө тобун түзүп жатат. Анан мен кечээ теле берүүдөн айттым, Атамбаев беш жыл издедиң, дагы бир жылың калды, тап таппасаң эл алдында уят болосуң, эртең кеткенден кийин мен өзүм сүйлөшөм дедим. Өзүм сүйлөшөм дегеним баягы жасалма далилдерди жазайбыз деген Качкынбаеви, Рысалиевтеринин  кылган иштеринин баарын козгоп, көтөрүп чыгып иш козготом. Эмне үчүн бүгүн козготпойсуң деп айтышыңар мүмкүн, бүгүн эч ким козгобойт. Атамбаев кеткенден кийин козгойт. Эми Президент Кыргыз республикасынын 25 жылдыгында, салтанаттуу тойдо сүйлөй турган сөзүбү. Ыплас сөздөрдүн баарын айтып, өзүнүн кечээки жаңы заманды курган убактылуу өкмөттүн, өзүнүн мүчөлөлөрүн, алар кабыл алган конституцияны да жамандап чыкты. Атамбаевдин бул кылып жаткан аракеттери туура эмес.

Булак:  Chyndyk                                                                                

Учкашмай: “Б” планы да барбы?..

Жогорку Кеңештин Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча күтүүсүз демилгеси оппозициянын катуу каршылыгына тушукту. Анын шылтоосу менен буга чейин бар же жок экени билинбей кеткен оппозицияга  жан кирип, дегеле кайнаса каны кошулбаган саясатчылар баш кошо баштады.

Анан калса, Венеция комиссиясы да Башмыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөр бийликтин тең салмактуулугуна коркунуч келтириши мүмкүн экендигин эскертип, бул өзгөртүүлөрдү үч окуудан кабыл алууну, ар бир окуунун аралыгы эки айдан кем болбошу керектигин сунуш кылышууда. Биздин бийлик оппозициянын нааразылыгына, бейөкмөт уюмдардын “ажылдаганына” көз жумуп койсо да, мындай маанилүү документти кабыл аларда Венеция комиссиясы сыяктуу эл аралык мартабалуу уюмдун пикирин эске албай кое албайт.

Айрым эксперттер Конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн демилегчилери айыгышкан карама-каршылыкка туш болушарын башынан эле билишкен, мына ошондуктан “А” планы менен кошо “Б” планын да кошо даярдашканын божомолдуу түрдө айтышууда. Ага ылайык, Жогорку Кеңештин кайсы бир фракциясы шайлоо босогосун 7 пайыздан 10 пайызга чейин көтөрүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштайт. Азыркы парламенттин курамында бийликтин ар кандай “суранычын” кың дебей аткарган депутаттардын саны жетиштүү экенин эске алганда, бул мыйзам сөзсүз өтөт. Анан ошол замат парламент таратылып, кайра шайлоо жарыяланат. Шайлоо босогосу көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу, албетте, аламан байгеге катышкан партиялардын баары эле 10 пайыздык тосмодон өтө алышпайт. Колунда административдик ресурсу бар баягы эле КСДП, а балким ага “компания” катары учкаша калганды үйрөнүп алган “Кыргызстан” партиясы гана өтүшү мүмкүн. Анан парламентти толук колго алган соң, бийлик акең өкмөттү каалагандай курап, 2017-жылкы президенттик шайлоону да өзү каалагандай өткөрөрү айтылууда.

Бул, албетте, кезектеги божомол гана болушу мүмкүн. Бирок бийлик чындап эле ушул жолду тандап алчу болсо, аны оңой эле ишке ашырса болот. Эң башкысы, бийликти колго алууну ызы-чуусу жок, тынч ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Жунус Эриков

Булак: “Азия Ньюс”

 

Назарбаев өкмөттө олуттуу өзгөрүү болбой турганын билдирди

Премьер-министр Карим Масимовдун отставкага кетиши менен министрлер кабинетинде олтуттуу өзгөрүүлөр болбойт. Мындай билдирүүнү Астанада өткөн өкмөттүн жыйынында Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев билдирди.

«Учурда өкмөт отставкага кетти. Биз убакыт созбой, тез арада силердин башчыңарды жана жаңы министрлерди дайындоо менен бул маселелердин баарын чечебиз. Менимче, олуттуу өзгөрүүлөр болбойт. Себеби өкмөт оор кезеңдерде өз жумушун жасап, берилген тапшырмалардын баарын аткарат», – деди Назарбаев.

Премьер-министрдин милдети биринчи вице-премьер Бакытжан Сагинтаевге жүктөлдү. Бейшембиде мурдагы өкмөт башчы Карим Масимов улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы болуп дайындалды. Атайын кызматтын мурдагы жетекчиси Владимир Жумаканов президенттин кеңешчиси болду.

Бүгүн Назарбаев кадрларды алмаштыруунун өз логикасы бар экенин белгиледи. Анын айтымында, ушул тапта коопсуздукту камсыздоону күчөтүү зарыл болууда. Масимовдун тажрыйбасы жана республикадагы кырдаалды жакшы билгендиги эске алынып, ага кыйын учурда жооптуу секторду башкаруу милдети жүктөлдү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Дайырбек Орунбеков, журналист: “21-сентябрда сот болот, тагдыр сыноосунда турам”

Президент менен бир топ убакыттан бери соттошуп, аягы кылмыш ишине “чалынган” журналист редакциябызга үн катып, соңку жаңылыктары менен бөлүштү.

 – Дайырбек мырза, жакында эле сиз жашаган батирге белгисиз адам кирип барып, кийин артыңыздан түшүп, аңдыганы тууралуу кеп болуп жатат, окуя кандай болду эле?

– 18-августта түнкү саат 23:19 убагында үйүмө бейтааныш адам келип, эшигимди тарсылдатты. Мен бир жаштагы уулум менен уктап жаткам. Туруп эшикти ачсам, ал киши “бул үйдө Мурат деген таанышым жашайт эле, мен айылдан келип, адашып кеттим” деп ар кайсы сөздөрдү айта баштады. Ошол кезде ал үйдүн ичине көз чаптырып жатканын байкап, шектенип калдым. Мен да ал адамдын өздүгүн сурасам, атым Турат деп жооп берип, тепкич менен ылдый карай жөнөдү. Мен бейтааныш адамдын айылдан келгенине көзүм жеткен жок. Биринчиден, биз жашаган үй чип ачкыч менен ачылат. Экинчиден, адашкан адам 9-кабатка чыгып, түз эле менин эшигимди какпайт. Ошол себептүү мен ал кишини телефонума байкатпай тартып алдым. Эртеси 19-августта болжолдуу саат 11:20 убактысында ооруканада жаткан аялыма тамак жеткирүү үчүн жөнөп, унаамдын жанына барсам, унаамдын жанында шектүү машинеде бейтааныш жигит мени карап акмалап туруптур. Мен түнү келген адамдан улам сактанып, ал машинени карасам, артында түндө менин үйүмө келген адам отуруптур. Мен машинеге отуруп жөнөгөндө алар кошо ээрчип жөнөштү. “Булар соо эмес, бандит же мага жамандык каалаган адамдар окшойт” деп, аларды таанып алыш үчүн артына өтүп, ээрчип айдап жөнөдүм. Алар күмүш түстөгү “Хонда сивик” үлгүсүндө (мамлекттик номери “В 36-96 АУ”) унаасында менден качып жөнөштү. Алар менен 40 мүнөткө жакын шаарды айланып кубалашып жүрдүм. Жеткен жерден машинеде кетип бара жатып “мени эмнеге аңдып жатасыңар, силер кимсиңер, максатыңар эмне?” деп сурасам, “Биз, РОВДдан, сен суракка келбей жатыпсың, сага повестка берели дедик эле” деп жооп берди.

– Повестка бере турган болсо, анда неге качышты?

– Алардын жооп берип жатканын тартып алууга аракет кылсам, кайрадан качып жөнөштү. Мага повестка бергени келип менден качып жатканына таң калып, алардын милиция кызматкери экенинен шек санай баштадым. Ошентип, алар Малдыбаев көчөсү менен Ахунбаев көчөсү аркылуу жогорку качышты. Совет көчөсүнөн солго бурулуп, Октябрь РИИБне келип токтошту. Мен да артынан келдим. Түнү мени аңдып барган адам РОВДнын ичине кире качты. Унааны айдап жүргөн адам “артымдан жүрү” деп ал да кирип кетти. Алар РИИБнин ичиндеги 10-бөлүм деп жазылып турган кабинеттин жанындагы кабинетке кирип кетишти. Мен да артынан кирип, максатын сурасам, жооп бербей күлүп, “эми өзүңөр түшүнөсүңөр да” деп сыртка карай басып кетти. Менин суроом жоопсуз калды. Ал Октябрь РИИБнин 10-бөлүмүнүн кызматкери Сураналиев экенин гана айтты. Экинчиси менин тааныштарымдын айтымында, Алыбаев Азамат Бейшебаевич, ал дагы ИИМ кызматкери.

– Суракка барбай жашырындыңыз беле?

– Октябрь РИИБнин мени сурак кылып жаткан тергөөчү мага карата кармап алып келүү же аңдуу боюнча эч кимге тапшырма бербегенин айтты. Мен дагы суракка чакырылган убакта барып турчумун.

– Үйүңүзгө баргандар такталдыбы?

– Мен маалымат каражаттарына алар тууралуу жетиштүү маалыматтарды, далилдерди жарыяладым. Тактоо маселе жаратпаса керек.

22-августта Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуроруна 18-19-август күндөрү мага карата мыйзамсыз аңдуу кылып, маалымат топтогон укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үстүнөн арыз жаздым. Арызда алардын кандай максатта аңдыганын, мага карата аңдуу боюнча ким буйрук бергенин, эгер буйруксуз бандиттик ыкма менен гана аңдыганы такталса, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү сурандым. Арызды акыры кабыл алды, эми канчалык деңгээлде мыйзамдуу жана объективдүү баа берилерин убакыт көрсөтөт. Укук коргоо органдарынын санкциясы жок аңдуусу, турак-жайыма түнү кирип келүүсү Башмыйзамдын 29-беренесин бузган. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн алар мыйзам чегинде жазаланышы керек. Бүгүн булардын аша чапкан мыйзамсыз аракеттерине укуктук баа берилбесе, эртең мындан да ашкан аракеттерге барышат. Башкача айтканда, мага жана жакындарыма кол салып же жалган жалааларды уюштурушу мүмкүн. Булардын аракетин түздөн-түз коркутуу, психологиялык басынтуу деп эсептейм. Салыштырып айтканда, убагында Медет Садыркуловго укук коргоо органдары адамдын кесилген кулагын, сөөмөйүн берип кеткен окуяга үндөшөт. Бул окуя да ошол сыяктуу аракеттин бир көрүнүшү.

Мага козголгон кылмыш иши сотко өтүп, 21-сентябрга белгиленди. Октябрь райондук сотунда саат 9.00дө каралат. Тагдыр сыноосунда турам…

Бекбол Айдаров

Булак: “Азия Ньюс”

 

 

 

Үңкүр-Тоодо кармалгандар бошотулду

Өзбекстан Аксы районундагы Үңкүр-Тоонун тактала элек жеринен кармап кеткен төрт кыргыз жаранын Ала-Бука районундагы чек арачыларга өткөрүп берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңиш Жоробеков билдирди.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Жеңиш Жоробековдун айтымында, кармалып тургандарды бошотуп жатканда Өзбекстан шарт койгон жок:

– Президенттин, өкмөттүн жана тиешелүү министрликтердин жетекчилеринин аракети жана өкмөттөр аралык келишимдердин негизинде Өзбекстан биздин жарандарды чыгарып берди. Алдын ала маалымат боюнча буларга чек араны мыйзамсыз бузуп өттү деген берене менен кылмыш иш козгоп, акчалай жазага тартышыптыр. Соттун чечими чыгып, аларды бизге чыгарып беришти. Биз алардын дене-баштарын текшерип чыктык. Зордук-зомбулук көргөн-көрбөгөнүн текшердик, дени-карды соо, баары жакшы экен.

22-августта Өзбекстандын милициясы Үңкүр-Тоодо жайгашкан телемунарага тик учак менен келип, ал жерде иштеген төрт кызматкерди өздөрү тарапка алып кетишкен. Алар бул аракеттерин радиорелейлик станциянын жумушчулары Өзбекстандын аймагында мыйзамсыз жүрөт деген жүйө менен түшүндүрүшкөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Бабанов бизнесин гүлдөтүүгө киришти

Өмүрбек Бабанов жакында эле «Техно PARK» деп аталган чоң соода түйүнүн ачты. Ага улай эле «Asia Mall» деген ири соода борборунун курулушун жүргүзүп, аны да кеч күз ишке киргизээри анык болуп калды. Орусиядагы за­воду да күркүрөп иштеп жатат. Мыйзам боюнча депутат бизнес менен алектенсе болбойт, бирок акча агылып турбаса, уйкусу келбейт эмеспи. Жайы менен парламентте эл менен жолугушуу жарыяланганда Бабанов жеңин түрө бизнесин гүлдөтүп жүргөнү көпчүлүктүн көңүлүн калтыргандай. Баягы шайлоо алдындагы убадаларын байкебиз эчак унутканын карапайым калк деле аңдап-билип калгандай…

Булак: “Де-Факто”

 

Аалам суктанган иш-чарага алагүү Акибаев авторбу?

Кечээ 8-сентябрь күнү экинчи жолу өтүп жаткан Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды. Жогорку деңгээлде өткөнүнө баарыбыз күбө болдук. Көпчүлүк алакандай кыргызга ыраазычылык айтып бүтө албай атат. Ал эми элибиз болсо бул жакшы саамалыкка чын ниети менен кубанып, анын уюштуруучуларына бали деп турган чагы. Бирок кыргызда мындай ийгиликтердин «ээси» болгусу келгендер четтен чыгат эмеспи. Дегеним, ушул ийгиликтүү саамалыктын «автору» болгусу келген Ысык-Көл областынын губер­натору Аскат Акибаевди айткыбыз келип туру. Ырас, учурда ал жетектеп жаткан аймакта өттү. Бирок бул деген Акибаев идея тууп, каржылап салды дегенге жатпайт да. Жана да бул бир гана ысыккөлдүктөрдүн иш- чарасы эмес. Маселен, Көчмөндөр оюну өтүп жатканда бул эргулдун: «Мына, мен уюштурган иш-чараны көргүлө»,- деп жанындагыларга мактанганын көргөндөр жерге түкүрүп келишиптир.

Булак: “Де-Факто”

Муратбеков мурдунан алысты көрө албай...

Канатбек Муратбеков деген чиновнигибиз бар эмеспи. Кайда карап баспасын мактооч маскасын кийип алат. Мына ушул берен 2011-жылдан бери аткаруу бийлигинде жетекчилик кызматтарды аркалап жүрөт. Алгач Нарын областына губернатор болсо, былтыркы шайлоодо «Кыргызстан» партиясы менен катыша коюп, ал шыбагасына өкмөткө караштуу экотехинспекциянын жетекчилигин алган. Кызылдай саясий соода менен. Табиятынан бизнес­мен. Тагыраагы, аткаруу бийлигиндеги баскычтарды басып өтүп, анан тажрыйба, иш-билгилиги менен эмес, акчасынын күчү менен партияларга кызмат кылганын колко кылып жүрүп бийликке жеткен Муратбековдо жетекчилик жөндөм нөл. Муну өзү деле моюнуна алат болуш керек. Эми ушул эргул экотехинспекцияны кантип көтөрүүнүн жолун издебей, жалаң кадр маселесин чечүү менен алектенип жатканына нааразы болгон топ бизге арызданып келишти. Бир жерге чоң кызматтагы досунун жардамчысын жетекчи кылса, бир жерге кудасын жетекчи кылып койгону чынбы? Кесипкөй адистерди эмес, өң-тааныштарын кызматка көтөрүп «кадырын» арттырып жатканы кандай? Же эртең кызматтан кетип калсам шайлоодо ушулардын пайдасы тиет деген логикабы?

Булак: “Де-Факто” 

Эскинин саркындысы эсиргенде

Жогорку Кеңеште чириген байлыгынын аркасы ме­нен келгендер арбын эмеспи. Алардын бири кадимки «карт бөрү» Үсөн акенин уулу Бактыбек Сыдыков. Эскинин саркындысы. Кезинде президент Курманбек Бакиевдин самолетун жардырып ийип жалпы журтка таанымал болгон. Анысы үчүн бир ооз жооп да берген эмес. Мына ушул тагдырдын талтаңдаган эркеси бүгүн Жогорку Кеңеште олтурат. Эми жөн олтурбай, учурдагы бийликке сүйкөнүп сын айтып жүрөт. Оозуна келгенди оттоп. Башкасы бүтүп калгансып, жогорку деңгээлде өткөн экин­чи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюну тууралуу пикирин билдириптир. «Азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин ордунда Курманбек Бакиев болгондо Көчмөндөр оюнун мындан 10 эсе мыкты дең­гээлде уюштуруп коймок. Ал кишинин ойлонуу жөндөмү укмуш болчу» деп айтканын эшиттик. Мактоого баракелде! Бакиевди «сагынып» атса, анда Минск токоюна барып, торопой атып ойноп жүрө бербейби. Деги ушул Бакыт Сыдыковго окшогондордун баскан жолун териштире турган тиешелүү тармак барбы өзү?

Булак: Де Факто

 

Сариевдин сары пиары

Ушу тапта экс-премьер министр Темир Сариев өкмөттүн айрым мүчөлөрүн ээрчитип алып Түштүк Кореяга иш сапарга чыгып, инвестициялык долбоорлордун үстүнөн иштеп жатканын жазмакерлерлери аркылуу жаздырып, “мен дале мамлекет үчүн иштеп жатам” дегендей маанай жаратты. Албетте, мамлекеттеги ар бир жаран колунан келишинче мамлекетке ушундай салымдарды кошуп, аракет кыла берүүсү кажет. Бирок Темир Сариев өзү өкмөттө жок туруп, министрлигинин жооптуу кызматкерлерин жана башка тармактык чиновниктерди кантип коштоп кетти, ал жакта Темике кандай ролдо, ким катары кызмат кылды деген суроолор ачык бойдон турат? Балким популисттик кылбай, азыркы өкмөт башчыны барууга көндүрүп койсо деле болот беле?

Булак: “Фабула”

 

 

Камчыке "Көп катын алам" дейт

Кез-кези, маал-маалы менен парламентте кызыктуу мыйзам долбоорлору көтөрүлүп турат эмеспи. Мындай кызыктуу мыйзамдардын күзгү тушоосун бүгүн “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев көтөрүп чыкты. Тагыраагы, ал илгери Курманбек Бакиев прези­дент болуп оолжуп турганда анын көңүлүн көтөрүш үчүн Адилет министри болуп турган Марат Кайыпов “Кыргызстанда эркектерге көп никелүүлүккө жол ачуу керек, бул ислам шарттарына да ылайык” деген мыйзам жазып чыгып, анысы колдоого алынбай калган. Мына ошол даяр долбоорду кечээ Камчыбек мырза кайрадан көтөрүп чыкты. Эл болсо дароо чалкасынан кетти. Кызыгы убагында Камчыке Нарынга барып, жердештерине “Мен аялдардын укугун коргойм, байлардын үстү-үстүнө аял алып токол кылып кордошуна каршымын” – деп балп этип, анысы саясатта жүргөн жердешине катуу тийгенин уккан элек. Эми болсо өзү тескери мыйзам токуп туру… Алакөөдөк Камчыке ай, ар дайым чуудан төбөңүз көрүнөт…

Булак: “Фабула”

 

 

 

 

Мародерду жетелеп барбайсызбы билсеңиз?

Президент Алмазбек Атамбаевдин талап-тоноочулар жазасын алаары тууралуу кескин эскертүүсү Өмүрбек Текебаевдин безине тийиптир. Кайран киши “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасына келип: “Атамбаев мародерлорду билсе келип таппайбы, мына дагы бир жылы бар. “Мародерду” жакшы издесе ал өзүнүн партиясынан чыгат. Эгер таба албаса, мен жетелеп барып өзүм көргөзөм. Атамбаев, мен Текебаевмин, мен эч жакка качпайм. Бир жылың бар, тап. Таппасаң мөөнөтүң бүткөндө өзүм сүйлөшөм. Эркек болсоң тап. Мен Текебаев эркекмин. Мен эч жакка качпайм», – деп күпүлдөдү. Чын эле эркек болсо, мародерлорду билсе, өзү айткандай жетелеп барбайбы? “Мына менден көрүп жаттың эле, мародер ушул”, – деп саясий чайкоочулук кылбай. Кызык, колунан жетелеп барам деп талап-тоноочулук боюнча учурунда  аты аталган партиялаштарын айтып жаткан жокпу..

Булак: Фабула

Уңгар-Тоо чатагынын чыры менен сыры

Өзбекстандын күч кызматкерлери Үңкүр-Тоодогу телемунарадан кармап кеткен төрт кыргызстандыкка адвокаттарды киргизбей жатат. Камактагылардын жакындары болсо, аларды тезинен бошотуу чарасын көрүүнү талап кылып, президентке кайрылышты. Өкмөт аларды чыгарып алуу боюнча аракеттерди көрүп жатканын билдирди. Эске салсак, 22-августта эртең мененки саат 9-10дордо эки вертолет менен Үңкүр-Тоодогу радио-релейлик станцияга Өзбекстан күч кызматкерлери келип, ал станцияда иштеп жаткан Кыргызстандын 4 жаранын алып, Наманган облусунун Ички иштер бөлүмүнө алып кеткен. Алар бүгүнкү күнгө чейин кармалып турат.

Жеңиш Разаков, вице-премьер-министр: “Өзбек премьери жарандарыбызды чыгарууну убада кылды”
— Өзбек тараптын жасап жаткан иштеринин бары мыйзамсыз. Себеби 2013-жылда эсиңиздерде болсо, дал ошол тоого вертолет менен десанттарын таштаган. Ошондо дагы чек ара кызматы, Тышкы иштер министрлиги тарабынан сүйлөшүүлөр жүрүп, юридикалык статусу такталбаган жер болгондуктан, ал жерде күч органдары болбошу керек деген чечимге келишкен. Ал сүйлөшүүлөрдүн протоколдору бар. 22-августта мына ушул протоколдорду бузуп, өздөрүнүн милиция кызматкерлерин алып келишти. Эми кармалып турган төрт жаран боюнча айтсам, кандай мыйзамдарга салсак дагы, алардын кармалып турганы мыйзамсыз. Себеби алар эч кандай чек араны бузган жок. Иштеп жаткан жеринен алып кетишкен. Биз ошол күндөн тартып эле Генералдык штабдын имаратында жайгашкан кризистик борбордо күнүгө жыйылып, кырдаалды талкуулап, иштеп жатабыз. Өкмөттүк деңгээлде жумушчу топ түзүлүп, талаш аймактарда Өзбекстандан кандай чаралар көрүлүшү мүмкүн, аларга биз кандай адекваттуу чара көрөбүз деген иш-чараларды иштеп чыгып жатабыз. Тышкы иштер министрлиги тарабынан биздин 4 жараныбыз боюнча тийиштүү ноталар берилген. Өзбек Республикасынын аймагында адвокаттык топ дайындалган. Бирок єзбек тарап, бүгүнкү күндө ошол адвокаттык топту киргизбей жатат. Биздин адвокаттык топ, консул баш болуп Намангандын Йанги-Корган РИИБине келип, кайра кетишкен. Андан сырткары, чек ара кызматы тарабынан дагы күн сайын сүйлөшүүлөр болуп жатат. Жакында биздин премьер-министр Ташкент шаарына барганда атайын Өзбекстандын премьер-министри менен жолугушуп, бул маселени көтөрдү. Премьер-министр Ички иштер министрлиги, Чек ара кызматы менен сүйлөшүп, аларды чыгарып беребиз деген убадасын берген.

Чек ара тактоо эмнеге токтоп турат?
Өзбекстан менен чек араны тактоо иши 5-6 жылдан бери токтоп турат. Анын бары бул маселе боюнча эки тараптын бир пикирге келе албай атканынан улам болуп жатат. Эки өлкөнүн ортосунда 58 жер макулдашылбай калган. Совет өкмөтү түзүлүп, жаңы заман келгенде – 1924-жылы улуттук аймактык жер бөлүштүрүү процесси башталган. Ал кезде биз Россия Федерациясынын автономиясында болгонбуз. Дал ошол автономиялык аймактын чек арасын тактап жаткан учурда комиссиянын курамында Кыргызстандын кызыкчылыгын көздөгөн бир дагы расмий мүчө болгон эмес.  Бул ишке белгилүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун иниси Токо Абдырахманов (27 жашында атылып кеткен) айрым сүйлөшүүлөргө расмий эмес болсо да катышкан экен. Бирок ал кишиде чечүүчү добуш болгон эмес. Дал ошол 1924-жылкы иштин жыйынтыгы менен 1925-жылы март айында комиссия “чек ара түзүлдү” деп Борбордук аткаруу комитетине жөнөткөн. Аткаруу комитети ошол чек араны бекиткен. Бул жылдагы чек ара боюнча биздин бир топ жерлерибиз кошуналаш Өзбекстан тарапка өтүп кеткен. Ошон үчүн Өзбекстан дал ошол 1924-жылдагы комиссиянын чечимин негиз кылып алалы деген позицияны карманып келет. Бирок биздеги коомдук ишмерлер Абдыкадыр Орозбеков, Жусуп Абдырахманов, Абдыкерим Сыдыковдор бул чек ара туура эмес чечилгенин айтып, жогорку жакка кайра-кайра жазып, бир нече жолу паритеттик комиссия түзүлөт. Бирок ал комиссиялар жакшы иш алып барбай отуруп, 1955-жылдагы түзүлгөн паритеттик комиссия бир топ алгылыктуу иштерди алып барат. Буга ылайык, 1924-жылы кошуналарга өтүп кеткен жерлерибиз кайра Кыргызстандыкы деп жазылган. Кыргызстан дал ушул 1955-жылкы комиссиянын чечимин негиз кылып алыш керек деген позицияны карманып келет.

Бирок
Бирок бул нерсенин Үңкүр-Тоого эч кандай тиешеси жок. Үңкүр-Тоо чек ара сызыгынын орду али эки тарап макулдашып тактай  элек аймакта жайгашкан. Станция Кыргызстанга караштуу болгону менен, 1955-жылдагы эки республиканын Паритеттик комиссияларынын иштеринин жыйынтыгына таянып, 1961-жылкы Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен бекитилген чек арада Үңкүр-Тоонун өзү Өзбекстан тарапта жайгашып турат, ошондуктан бул жерди комиссия атайын тактабай калтырып койгонун айтат комиссиянын мүчөсү Саламат Аламанов. “Чек ара тактоо документтеринде Үңкүр-Тоо жайгашкан 113 чек ара чекитинен 114-чекитке чейин комиссия тактабай атайын калтырганбыз. Ал ММКларда келтирилип жаткан документтердин копияларынан деле көрүнүп турбайбы. Себеби биз сүйлөшүүнү жүргүзүп жатканда ошол жерде радио-релейлик станциясы бар экенин билип, ал станция бизге керек экенин билип, 58 талаш аймак бар болсо, ошолордун бирине кийин балким алмашып, сүйлөшүп алсак болот деген максатта тактабай калтырганбыз. Ошондуктан 2006-жылы Каримов менен Бакиев кол койгон документте Үңкүр-Тоонун тиешелүүлүгү чечилген эмес, такталган эмес. Тилекке каршы, 1955-жылкы такталган чек аранын негизинде 1961-жылкы Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен бекитилген чек арада Үңкүр-Тоо биздин жерге кирген эмес экен”, – дейт Саламат Аламанов.

Өзбектер сурап жаткан Орто-Токой суу сактагычынын тарыхы
Бул суу сактагыч Ала-Бука районунун аймагында жайгашкан. Кыргыздар аны Орто-Токой деп атаганы менен картада ал Касан-Сай суу сактагычы деп жазылат. Бул суу сактагыч Кыргызстандын аймагында СССРдин учурунда Өзбекстандын Наманган облусунун пахта талааларын сугаруу максатында курулган экен. Азыр деле суу сактагычтан чыккан сууну Өзбекстан пайдаланып келет. Быйыл жыл башында кыргыз чек арачылары суу сактагычка кирген жолго блокпост орнотуп, андан улам эки өлкөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралууда. Үңкүр-Тоо боюнча да Өзбекстан Орто-Токойдогу блокпостту алып салууну талап кылып келет. Эгерде Кыргызстан бул суу сактагычтан Өзбекстан тарапка суу бербей койсо, анда кошуналардын көп сугат жерлери сугарылбай калат. Бирок Кыргызстан бул суу сактагычты азырынча бууп кое албайт.

Чек ара тактоодо орток пикирге келүү зарыл
Саламат Аламановдун пикиринде, бул маселе мамлекет жетекчилеринин деңгээлинде чечилиши керек. “Бул маселелер аябай саясатташып кетти. Ошондуктан бул маселени эки өлкөнүн жетекчилиги талкуулап, биргелешкен, эки тараптын кызыкчылыгын тең эсепке алган саясий чечим кабыл алышы керек. Эки тарап эки башка вариантты алып чыгып, талашып отура бергенден майнап чыкпайт. 58 талаш аймакты, ким пайдаланып жатканына карап, мунасага келип чечип алуу керек. Ошондо деле эки тарапта дагы нааразычылыктар болот. Ошон үчүн саясий чечим болушу керек. Такталбай жаткандан көрө, тактап, бекемдеп алганыбыз жакшы”, – дейт Аламанов.

Чек ара тактоо кандай кадамдардан турат?
1.  Эң алгач эки мамлекеттин жетекчилери, президент же өкмөт башчы ортодогу аныкталып, юридикалык жактан такталып, чечилген чек ара жок экен деген чечимге келет.
2.  Ошонун негизинде чек ара тактоо боюнча өкмөттүк делегация түзүлөт. Анын курамына эки тараптан биригип,  тиешелүү адистерден 50-60 киши кирет.
3.  Чек ара сүйлөшүүлөрүн атайы түзүлгөн Өкмөттүк  комиссия  көзөмөлдөйт, анын башында премьер-министр турат, курамына тиешелүү министрлер кирет. Өкмөттүк делегация аларга отчет берип турат.
4. Өкмөттүк комиссия делегацияга кайсы документтердин негизинде иштөө керектиги тууралуу көрсөтмө берет. Делегациянын ал документтерден бир кадам жылууга укугу жок.
5. Мезгил-мезгили менен делегациядан Коопсуздук кеңеши да отчет сурап турат.
6. Эгерде иш бүткөн болсо, Чек ара келишиминин долбоору даярдалып, Өкмөт  ал тууралуу президентке доклад жасайт. Адатта, президент ал докладды Коргоо кеңешинин талкуусуна коет.
8. Ал кеңештен негизинен туура чечилиптир деген чечимге келишсе, анда келишимдин долбоору өкмөттүн атынан Жогорку Кеңешке келип түшөт. Алар талкууга алып, кабыл алса ратификациядан өттү деп эсептелинет. Кабыл алынбаса өткөн жок деп эсептелинет.
9. Ратификация болгондон кийин президент «Ратификация тууралуу» мыйзамга кол коет. Берки мамлекет ошол процедураларды бүткөн болсо, эки өлкөнүн баш-чылары же атайын өкүлдөрү ратификация тууралуу документтерди бири-бири менен алмашат.
10. Мындан кийин чек ара такталды деп эсептелинип, бул документтер БУУга кетет. Ошол жакта сакталат.

Дилбар Алимова

Булак: ПолитКлиника

 

Шашылыш билдирүү: аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

Узака созулган аномалдуу кургактыктан жана жылуу аба ырайынан кийин Республиканын аймагында 2016-жылдын 12-сентябрында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт:

12-14-сентябрында көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт, Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлүп, абанын  температурасы: Чүй, Ош, Жалал-Абад, Талас жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 20…25° жылуулукка, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын  дыйканчылык аймактарында 13…18° жылуулукка  чейин, тоолуу райондордо 0…5° жылуулукка чейин төмөндөшү күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Шашылыш билдирүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2016-жылдын 8-сентябрында КР ӨКМи тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.

 

Өмүрбек Текебаев: “Атамбаев "мактаган кыз тойдо осурат" болду, Отунбаеваны тойго чакырып алып, элдин алдында жамандады, бул адамгерчиликке, жигитчиликке жатпайт"

Убактылуу өкмөтчүлөрдүн ортосунда ажырым пайда болуп, саясий кырдаал чиеленип кетти. Бул ажырым, Конституциялык реформа жана дагы кошуна Өзбекстандын президенти Ислам Каримов тууралуу “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен маектештик.

— Өмүрбек мырза, сиз “Ислам Каримовду акыркы сапарга узатууга Президент Алмазбек Атамбаев өзү барышы керек эле” деген ойду айтып жатасыз. Аны кандай негиздеп бересиз?
— Ислам Каримов Орто Азиядагы эң чоң өлкөнүн жетекчиси. Жөн эле жетекчиси эмес, ал өлкөнү түзүп, чейрек кылымдан ашык башкарып, бүгүнкү деңгээлге алып келген жетекчи. Мындай адамдарды мамлекеттин негиздөөчүсү деп атайт. Өзбекстан  маданияты, экономикасы, аскер күчү боюнча регионалдык держава. Бирок Каримов Өзбекстанды Борбордук Азияда лидерлик позицияга алып чыга алган жок. Бардык кошуналары менен тигил же бул маселе боюнча талаш-тартыш, пикир келишпестик болуп, изоляцияланып калды. Лидерликти Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев алып кетти. Ал Орто Азия өлкөлөрүн, КМШ өлкөлөрүн интеграциялоочу демилгелерди көтөрүп, бүгүнкү Евразиялык экономикалык союздун автору болуп жүрөт. Өзбекстандын изоляцияланганы анын кубаттуу, чоң мамлекет экенин жокко чыгарбайт. Борбордук Азияда Өзбекстан чечүүчү, таасирдүү саясаттын катышуучусу болуп эсептелинет. Каримовдон кийин Өзбекстанда, жалпы эле Орто Азияда кырдаал кандай болот? Бул баарыбызды ойлондурат. Каримовдун көзү өтүп кетти, аны кичи мекени Самаркандда узатышты. Кыргызстандан мамлекеттик делегацияны Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баштап барды. Мен Президент өзү барышы керек эле деп эсептейм. Анткени карапайым адамдардын гана ортосунда эмес, бүтүндөй элдердин ортосунда дагы жамандык-жакшылыктагы мамиле чечүүчү ролго ээ болуп, көп жылдарга мамилелерди аныктап коюшу мүмкүн. Мисалы, убагында Югославиянын жетекчиси Броз Тито Сталинди дагы, андан кийинки советтик жетекчилерди дагы көп уга берген эмес. Броз Тито өлгөндө Европа өлкөлөрүнүн бардык мамлекет башчылары келип, СССРдин биринчи жетекчиси барган эмес экен. Кийин Брежнев өлгөндө дагы Югославиянын биринчи жетекчилиги келбей койгон. Айылда эле адамдар ушундай болот экен десек, мамлекеттердин ортосунда дагы жазылбаган ушундай эреже бар экен. Биздин мамлекеттик делегацияны Президент жетектеп барыш керек эле. Өзбекстандын президентин акыркы сапарга узатууга кошуна мамлекеттердин мамлекет башчылары, Түркмөнстан, Тажикстан, Афганистандын президенттери өздөрү келип Өзбек элинин аза кайгысын тең бөлүштү. Путин менен Назарбаев келбей калганына олуттуу себеп бар, Пекинде өнүккөн 20 өлкөнүн жыйыны болду. Бирок Путин Кытайдан Москвага кайтаарда Самаркандга токтоп, Каримовго болгон акыркы сый-урматын көрсөтүп өттү. Казак президенти Нурсултан Назарбаев деле курбалдашы, жолдошу, замандашы Каримовго болгон сый-урматын көрсөтүү үчүн келип кетери бышык. Бизден барган делегациянын курамы дагы мени канааттандырган жок. Мурунку Ош облусунун губернатору, азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, ЖК депутаттары Анвар Артыков, Нодирбек Каримов, экс-депутаттар Бөрүбай Жураев, Бактияр Кадыров,  Махамаджан Мамасаидов сыяктуу өзбек туугандардан кошуп алып барганы жакшы. Бирок Өзбекстан, Кыргызстандан өзбектерди күткөн жок, аларда ансыз да  32 миллион өзбек бар. Алар кыргыздын аттуу-баштуу аксакалдарын, мамлекеттик-коомдук ишмерлерин, мурда-кийин мамлекетти башкарып жүргөн жетекчилерин, Каримовдун курдаш-замандаштарын күтүп жатышкан.  Делегациянын курамында президент же премьер-министрден башка да Каримов менен Советтик доордо, 90-жылдардагы өткөөл мезгилдерде иштеген, аны жакшы билген курбалдаш-замандаштары барыш керек эле. Экс-президент, экс-тышкы иштер министри Роза Отунбаева, Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүндө зор салымдарын кошкон Медеткан Шеримкулов, Апас Жумагулов сыяктуу мамлекеттик-коомдук ишмерлер, Иса Өмүркулов сыяктуу 1-2 фракциянын лидерлери делегациянын курамында кошо барганда, делегация алда канча маанилүүрөк жана таасирдүүрөк болмок.

— “Ата-Журт” партиясынын депутаты Улукбек Кочкоров “Каримов 3-4 жылдан кийин өлөт, ошол өлгөндөн кийин талаш маселелерибизди чечип алабыз” деп айтты Атамбаев” деп айтып чыкты эле. Балким, ошондон улам, табалагандай болбоюн деп барбай жүрбөсүн?
— Бул сөз расмий түрдө айтылбай, имиштин деңгээлинде болгондон кийин ошону жокко чыгаруу үчүн болсо дагы барышы керек. Ал жерде Каримовдун мураскерлери сөзсүз болот. Аларга жамандыкта барып көңүл айтып, жеке мамилелерди түзүп, андан ары бул мамилелерди мамлекеттик деңгээлге көтөрүш керек эле деп ойлойм. Каримовдун ордуна башка бирөө келсе эле маселелер өзүнөн өзү чечилип калбайт, анткени Өзбекстанда система ошол бойдон кала берет. Жаңы келе турган адамдар кандай болору дагы бизге белгисиз. Ошондуктан жеке мамилелерди түзүү зарыл эле. Мамлекеттик жетекчилер өзү үчүн эмес, мамлекет үчүн иштеши керек. Жаман көргөн адамың менен дагы кичи пейил болуп сүйлөшүүгө туура келет. Жеке мамилең мамлекеттин ишине зыяны тийбегендей болушу керек.

— Эми өзүбүздүн Кыргызстандагы саясий кырдаал тууралуу сүйлөшсөк. Убактылуу өкмөт мүчөлөрү экиге бөлүнүп калдыңыздар. Эми кырдаал мындан ары кандай өнүгөт?
— 2010-жылкы Апрель революциясынан кийин саясий система өзгөргөн. Биз парламенттик аталган саясий системаны тандап алып, мурунку авторитардык түзүлүшкө келбей турган эрежелерди киргизгенбиз. Ошол эрежелердин бири – Конституция 2020-жылга чейин өзгөрбөсүн деген норма. Албетте, Конституцияда юридикалык жылчык бар, референдум жолу менен өзгөртсөк болот деген. Ал үчүн атайын “Референдум жөнүндө” мыйзам кабыл алынышы керек. Ал мыйзамда референдумду өткөрүү тартиптери аныкталышы керек. Бул юридикалык жылчык. Биз, Убактылуу өкмөт мүчөлөрү, жылчык издебейли, шылтоо издебейли, юридикалык жагын эмес, моралдык, саясий аспектисин карайлы деп, кайра артка кайтпаш үчүн Конституцияга өзгөртүүнү киргизбейли деп жатабыз. Ошондуктан Атамбаев сунуш кылып жаткан өзгөртүүлөрдүн мөөнөтүнө, формасына эле эмес, биз анын маңызына каршыбыз. Анткени Атамбаев киргизип жаткан өзгөртүүлөр авторитардык режимге кайра алып келет. Кайра 2010-жылга кайтып баруу биз үчүн кылмышка тете кадам болот. Мен муну контрреволюция деп атайт элем.

— Сиз былтыр эле “Конституциялык өзгөртүүлөргө каршы эмесмин” деп чыктыңыз эле. Быйыл эмне өзгөрдү?
— Мен азыр деле каршы эмесмин. Биринчиден, өзгөртүү кечиктирилгис зарылдык чыкса, юридикалык негиз бар. Бирок Атамбаев киргизип жаткан өзгөртүүлөр авторитардык бийликке жол ачып жатпайбы? Экинчиси, бул өзгөрүүлөр бүгүнкү саясий системаны бекемдөөгө багытталышы керек. Артка, авторитаризмге алып барбай турган болушу керек. Үчүнчүсү, референдум тууралуу мыйзам кабыл алынышы керек. Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн Конституциялык кеңешме түзүлүп, ага коомчулуктун кеңири өкүлчүлүгү катышышы зарыл. Конституциялык Кеңешмеге аттуу-баштуу, мамлекетти жана өкмөттү башкарып жүргөн мамлекеттик-коомдук ишмерлер кириши абзел. Окумуштуулар, эксперттер, граждандык активисттер, ар кандай партиялардын өкүлдөрү да Конституциялык кеңешмеге тартылышы зарыл. Конституциялык кеңешме 2010-жылдан бери кандай кемчиликтер болду, Конституция бул аралыкта кандай иштеди, кайсыл жерине өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин эл алдында аныктаган соң, сапаттуу эксперттерден турган жумушчу топко тапшыруу керек эле. Бул процесс 1-2 жылга созулмак. Ошон үчүн 2020-жылды күтпөйлүбү, эмне жоо кууп келатабы?

— Сиз буга чейин Атамбаев менен жакшы эле мамиледе болуп келгенсиз. Жолугуп эле, ушул аргументтериңизди түшүндүргөнгө аракет кылган жоксузбу?
— Жеке дагы, жардамчылары аркылуу дагы айтып жүргөнбүз. Быйыл Темир Сариевдин өкмөтү кеткенден кийин дагы фракция жетекчилери чогулуп, “2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртпөй турган болдук” деп жарыялаган. Президенттин ошол сөзүнө ишенип, Сооронбай Жээнбеков жетектеген жаңы өкмөттү алып келишкен. Бул апрель айынын башында эле болуп отурат. Анан минтип күтүүсүздөн эле август айында Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизебиз деп жарыяланып отурат. Ал Конституциянын долбоорун кайсы эксперттер иштеп чыкканы белгисиз. Президенттин аппараты алардын фамилиясын айта албай жатат. Талкуу деп жарыяланганы менен бир айдын ичинде бир жерде дагы талкуу болгон жок. Бир-эки басылма жана маалымат агенттиктер өткөргөн талкуулар талкуу эмес. Сот бөлүмүнө көп өзгөрүүлөр кирип жатат, биз сурадык: “Талкууга азыркы соттордун курамынан ким катышты? Мурунку судьялардан ким катышты? Сот тармагындагы белгилүү юрист, окумуштуулар, мурунку мамлекеттик ишмерлерден ким катышты?” деп. Айта алышпайт. 2010-жылы биз шашылыш убакта реформа жүргүздүк. Ошондо дагы 70тен ашык ар тармактын адамдары, ар кандай партиянын өкүлдөрү, окумуштуулар, коомдук уюмдун өкүлдөрү, укук коргоочулар, оппозициянын өкүлдөрү катышкан Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Анын ар бир бөлүмүн Кыргызстандагы мен-мен деген кыйын адистер иштеп чыккан. Ар бир бөлүмүнө жумушчу топ түзүлгөн, алардын тизмеси бүгүнкү күнгө чейин бар. Граждандык кагылышуу болуп, согуш коркунучу турганда күнү-түнү иштешкен. Мына бүгүн жайчылыкта, президенттин аппараты эмне каалаганын негиздеп айтып бере албай жатат, кимдер иштеп чыкканын дагы айта алышпай жатат. Кайсы жерде талкуу болуп, кандай сунуштар түштү десең айтып бере алышпайт. Мунун баары бул процесс көмүскө, легитимдүү эмес жүрүп жатканынын далили.

— Президент “Азыркы Конституциядан жарыла турган миналар көп экен” деп айтты го?
— Кандай миналар экенин өзү билбейт, бирок ал өз колу менен бомбаларды коюп жатат. Аны мен эле эмес, дүйнөдөгү эң кадыр-барктуу юридикалык орган Венеция комиссиясы дагы айтып отурат. Россиянын эксперттери, ММКлары бул өзгөрүүлөрдү “дурацкий” өзгөрүүлөр деп ачык эле айтып жатышат. Муну эми Россия айта берет десин, бирок Кыргызстандагы интеллигенция, укук коргоочулар, граждандык активисттер, саясатчылардын баары бир добуштан бул өзгөртүүлөр жараксыз экендигин, алар тескери жактарга алып келерин айтып жатат. Ушундай долбоорду өчөшкөндүк менен “Болот дегенде болот” деп турганы бизди аябай таң калтырат.

— “2010-жылы Роза Отунбаеваны президент кылып шайлап жатканын эл билген да эмес”, бейпил жашоо Убактылуу өкмөттүн жардамы менен келген жок деп айтты президент. Ошол маселелерди талкуулап жатканыңыздарда Атамбаев каршы чыкты беле?
— Жаңы саясий системаны Убактылуу өкмөт мүчөлөрү баары колдогон. Албетте, талкуу учурунда ар кимде ар кандай пикирлери болгон. Бирок негизинде баары колдошкон. Атамбаев кийин Премьер-министр болду, Президент болду. Чоң иш-чараларда азыркы Конституцияны мактап, Кыргызстанды сактап калды деп айтып эле жүргөн. Эл алдында “Мени Президент кылган Роза Исаковна, болбойм десем дагы колумдан жетелеп келди” деп айтып жүргөн. Баарыбызга белгилүү 2010-жылкы парламенттик шайлоодон кийин Отунбаева, коалиция түзүү укугун Атамбаевге берди, ал түзө албай калды. Экинчи мүмкүнчүлүктү “Ата Мекен” партиясына бериш керек эле, берем деп эл алдында айткан. Отунбаева КСДПнын мүчөсү болгондуктан, аларга жан тартып, “Ата Мекенге” бербестен, мандатты Бабановго берди, бир шарт менен. “Мандатты сага берем, бирок Атамбаев премьер-министр болот, сен анын орун басары болосуң, кийин ал президент болгондо сен анын ордуна премьер-министр болосуң” деп, схема чийип берди. Так ошондой болду. Роза Исаковна өзүн гана ойлобостон, кийин дагы Убактылуу өкмөттүн белдүү адамдары бийликке келип, элге берген убадабызды аткарсын, биз курган системаны коргосун деп Атамбаевди президент кылды. Алмазбек Атамбаев 6 жыл президент болуп, эми кетерге келгенде Роза Отунбаеваны дагы, Убактылуу өкмөттү дагы мыйзамсыз деп жарыялады, өзү 6 жыл бою иштеп келген Конституцияны жарабайт деп четке кагып жатат.

— “Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн айрым мүчөлөрү мародерчулук боюнча, банктагы ячейкалар боюнча, Кадыржан Батыровду сыртка чыгарып жиберүү боюнча жооп берет” деп билдирди. Буга не деп жооп берет элеңиз?
— Атамбаев эмоционалдуу жана чыгармачыл адам. Ар кандай салыштырууларды, көркөм сөздөрдү ашыкча пайдаланат. Ошон үчүн анын айткандарын биз дагы, эл дагы түшүнүү менен кабыл алабыз. Бирок Кыргызстандын 25 жылдыгы белгиленип, чоң тарыхый иш-чарада Президент сүйлөй турган сөздү сүйлөгөн жок. 2000ден ашык сөз айтыптыр, ошонун 1600ү Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн жамандаганга кетти. Чыныгы мамлекеттик лидер бул күнү тарыхты айтып, андан жыйынтык чыгарып, элдин алдында чоң-чоң тапшырмаларды коюп, аны аткарыш үчүн шыктандырып, дем бериши керек эле. Тескерисинче, ал элди экиге бөлүп, тарыхка акаарат айтып сөз сүйлөдү. Мунусу кечиримсиз. Эң туура эмеси – өзүн бийликке жетелеп алып келген Роза Отунбаеваны өзү тойго чакырып келип, төргө отургузуп алып, бүт кыргыз элинин алдында жамандады. Бул адамгерчиликке дагы, жигитчиликке дагы жатпайт. Бул Кыргызстандын салтында дагы жок, кыргыздын жан дүйнөсүнө дагы туура келбейт. Мындай жорукту кыргыздар “Мактаган кыз тойдо осурат” деп айтып коет. Так ошондой болду.
Атамбаев “Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн былыктары көп, алар кылмыш кылган, эртеби-кечпи жооп берет” деп айтты. Жарыялап бүтөрү менен эртесинде Ички иштер министрлигинин, Мамлекеттик коопсуздук комитетинин кызматкерлерин жетекчилерине иликтөө топторун түзүп, ушуларга бир нерсе тапкыла деп тапшырма берди. Аны биз билебиз. Мародерлук боюнча 4 жылдын ичинде 4 комиссия түзүп, “Ата Мекенге” карата эч нерсе таба алган жок. Чындап мародерлукту эч ким иликтебей жатат. Мародерлукту иликтөөнүн маңызы -Бакиевдердин жана анын жакындарынын менчиктери жана бизнестери болгон, ошолорду ким басып алды, азыр аларды ким пайдаланып жатат, ошолорду аныктоо. Мүлк качып кетпейт, ал завод-фабрика, имарат, соода объектилери, кен-байлыктары  азыр деле турат. Барсаң ким пайдаланып жатканын көрөсүң. Бакиевдерге тиешелүү болгон гезиттер, информациялык-рекламалык маалымат агенттиктер, телевидениелер бүгүн деле иштеп жатат, барсаң аны ким иштетип жатканын табасың. Алтын кендерди бүгүн кимдер иштетип жатканын эл билет. Эмне үчүн ошону Атамбаев алып чыкпайт? Анткени алардын баардыгы анын айланасында жүргөн адамдар. Сот аркылуу алышты, коркутуп алышты же “доляга” кирип алышты. Алардын бирөөсүндө дагы “Ата Мекен” партиясынын өкүлдөрү жок. Болсо алиге чейин алып чыгышмак. Мунун баары Алмазбек Атамбаев бийликтен кеткенде чыгат. Ошон үчүн реформа кылам деген шылтоо менен кийинки келген президент тергөө жүргүзө албай турган өзгөртүүлөрдү киргизип жатат. Азыр Башпрокуратура көз карандысыз орган, “Башпрокуратура тергөө жүргүзө албайт, муну өкмөткө беребиз” деп жатат. Өкмөткө болсо өзүнүн адамдарын коюп, 2020-жылга чейин эмес, 2030-жылга чейин дагы Кыргызстанды башкара беребиз деген ой-пикири бар.

— Сиз ЖКнын жыйынында Президентти четке калтырып, жаңы коалиция түзүү сунушун киргиздиңиз. Мунун ишке ашуусу канчалык реалдуу?
— “Жакшы болуш аста-аста, жаман болуш бир паста” дейт. Биз Акаев, Бакиев убагында Конституция менен жашаганыбыз жок. Кыргызчылык, үй-бүлөлүк башкаруу менен жашадык. Конституцияда көргөзүлгөн тартипте эмес, аялдары, балдары, инилери, бажалары башкарып келди. Ал биздин саясий элитанын канына сиңип, салтыбыздын бир бөлүгү болуп калды. 2010-жылкы саясий системанын реформалоо ошол салттан, адаттан кутулуу болгон. Андан бир күндө кутула албайсың, саясий элита алмашышы керек. Ал бир күндө алмашпайт. Эки жолу парламенттик шайлоо, эки жолу президенттик шайлоо өтсө алмашат го деп болжолдуу түрдө 2020-жылга чейин деп эсептегенбиз. Жаман болуш бир паста да. Атамбаев акыркы эки жылда эски адатка келип, бүт бийликти өзүнө алды. Өзү гана эмес, анын жан-жөкөрлөрү Премьерге дагы, министрлерге дагы тапшырма берип, кадр, инвестиция саясатын өздөрү аныктап калды. Бул Конституцияда көргөзүлбөгөн жол, муну узурпация деп атаса болот. “Бул туура эмес!” жол деп көргөзүп жаткан адамдарды мамлекеттик каналдар аркылуу келекелеп, шылдыңдап жатат. Мисалы, менин фамилиям Текебаев, менин оппоненттерим ошондон пайдаланып, менин шагымды сындырыш үчүн мени “Теке” деп тергешет. Бул маданиятсыздыктын, пастыктын жеткен жери. Мен мындан кемсинип калбайм. Мен Текебаев деген фамилиямды өзгөртпөйм, Текебай менин чоң атам, ал кыргыз. Кыргыздарда Бөрүбай, Текебай, Бүркүтбай, Жылкычы, Козубай, Балтабай, Тешебай, Тезекбай, Сасыкбай, Түпкүчбай деген аттар толтура. Бул биздин тарыхыбыз, маданиятыбыз. Биздин тарыхыбызды, маданиятыбызды, чоң аталарыбыздын аттарын келекелөө – биздин түркөйлүгүбүз. “Тарых жана маданият жылы” деп коюп кыргыздын тарыхы менен маданиятын кордоп, шылдыңдап жатпайбы? Эмне баарыбыз атыбызды Алтынбек, Алмазбек деп өзгөртүшүбүз керекпи? Адамдын аты, затына дайыма эле жараша бербейт.
Бирок биз Кыргызстанда үчүнчү революция болушун каалабайбыз. Анын кесепеттери абдан катуу болушу мүмкүн. Атамбаев өз мөөнөтүн аягына чейин отурушу керек. Бүгүнкү Конституция Атамбаевди өз ордуна отургузуп койгонго парламентке мүмкүнчүлүк берген. Ал үчүн Президенттен мандат сурабай эле, парламенттеги фракциялардын көпчүлүгү келишим түзүп жарыялашса, Президентти катыштырбастан эле өкмөттү түзсө болот. Президентти анын айланасындагы жаман көргөзгөн адамдардан куткарып, өзүнүн көрсөтүлгөн функцияларын гана аткартып койсок болот. Мен мына ушул мүмкүнчүлүктү фракцияларга айттым.

Булак: “ПолитКлиника”

Сириядагы ондогон жардам берүүчү топтор БУУ менен иштешүүнү токтотту

Сириядагы ондогон жардам берүүчү топтор БУУ менен иштешүүнү токтоторун билдиришти. Алардын айтымында, уюмдун бир нече агенттиги жана өнөктөштөрү Башар Асад режиминин таасири алдында тургандыгы ушундай кадамга барууга түртүүдө.

БУУнун гуманитардык маселелерди координациялоо башкармалыгына жолдонгон катка 73 топтун өкүлү кол койгон. Булардын арасында көтөрүшчүлөр көзөмөлдөгөн аймакта иштеген Сирия-Америка медициналык коому, “Сириялык жарандык коргонуу” уюму, “Ак каскалар” аты менен белгилүү топ бар.

Мындан тышкары алар БУУнун Сириядагы агенттиктеринин иштерин иликтөөгө алууну талап кылышууда. БУУнун өкүлү Стефан Дуярич айрым агенттиктер сириялык режим менен тыгыз иштешет деген айыптоолорду четке какты.

Бул арада Сириядагы өкмөттүк аскерлер жана анын өнөктөштөрү козголоңчулар кармап турган Алеппонун жаңы аймактарын бошотуп, шаарды курчоону күчөтүүдө. Алты жылдан бери уланып келе жаткан Сирия согушунда 290 миңден кем эмес киши өлдү. Эл аралык денгээлде жаңжалды жайгаруу аракеттери натыйжа берген жок.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Францияда теракт жасоого даярданган үч аял кармалды

Франция бийлиги “радикалдашкан” үч аялды камаганын билдирди. Алар теракт даярдоого шектелишүүдө.

Шейшемби күнү Париж Кудай эне чиркөөсүндө шектүү унаа көзгө илинген. Анын багажына газ баллондор салынган. Укук коргоо органдары аныктагандай, автоунаа шектүүлөрдүн биринин ата-энесине таандык болгон.

“Бул аялдар 19, 23, 39 жашта. Жакынкы аралыкта кыйноо актысын уюштурууну пландаштырышкан”,-деди Франциянын ИИМ башчы Бернар Казнев.

Министрдин айтымында, шектүүлөрдүн бири кармоо учурунда полициячыны бычак менен сайып жибергени үчүн октон жаракат алды. Буга чейин Франция президенти Франсуа Олланд акыркы күндөрү кол салуунун алдын алуу болгонун билдирген, бирок майда-баратын ачыкка чыгарган эмес.

Былтыр ноябрда Парижде теракт болуп, 130 адам өлгөн. Францияда исламисттердин кандуу чабуулдарынан кийин террордук коркунуч жогорку деңгээлде турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Тажикстан эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын белгилөөдө

Дүйшөмбүдө майрамдык иш-чаралар 8-сентябрда эле башталган. Борбордук аянтта аскер парады өттү. Ага 16 миңден ашуун аскер кызматкери, анын ичинен айымдар жана күч түзүм өкүлдөрү катышты.

Куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысы, президент Эмомали Рахмон аскер кызматкерлерин мекен үчүн милдеттерин так аткарууга чакырды. Парадда аскер техникалары жана авиация болгон жок.

Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына арналган салтанаттар өлкөнүн бардык аймактарында өтүүдө. Тажикстан Маданият министрлиги билдиргендей, 9-сентябрда миңдеген студенттер жана мамлекеттик кызматкерлер Дүйшөмбүдө жарандык параддан өтөт.

Мындан тышкары мекенчил мүнөздөгү ири театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Өмүрбек Текебаев: "Атамбаев Каримовго окшоп өнүгүүнүн үчүнчү жолун табам деп ойлогон, бирок биринчи кадамында эле жаңылышты"

Саясатчы Өмүрбек Текебаев “Ак шам” программасында Атамбаевдин акыркы кадамдары, жаңылыштыктары тууралу, Кыргызстандын бүгүнкү дүйнөдөгү орду, дүйнө кайда баратат да, анын ичинде Кыргызстан кайда баратат деген суроолордун үстүндө ой жүгүртөт.

https://www.youtube.com/watch?v=fqAofczo1Fw

Булак: Сентябрь

Армения премьер-министри отставкага кетерин жарыялады

Арменияда өкмөт башчы кызматтан кетерин жарыялады. Премьер-министр Овик Абрамяндын отставкасы экономикадагы абал кескин начарлап, жарандардын арасында нааразылык күчөй баштаган учурга туш келүүдө.

“Бизге жаңы башталыштар жана ыкмалар зарыл. Келечек жөнүндө ойлонуп, жаңы өкмөт түзүү керек”,-деди Абрамян министрлер кабинетинин жыйынында.

Бир нече жума мурда Армениянын президенти Серж Саргсян “улуттук макулдуктагы” өкмөт түзүүгө ниеттенип жатканын билдирген.

Абрамян премьер-министрлик кызматка эки жыл мурда дайындалган. Анын бийлиги тушунда Армениянын экономикасындагы негизги көрсөткүчтөр былтыр кескин начарлап кетти. Мындан тышкары коңшу Азербайжан менен чек ара маселеси курчуду. Еревандагы полиция имаратын куралдуу топ барымтага алды.

Айрым маалыматтарга караганда, Абрамяндын ордуна Еревандын мурдагы мэри Карен Карапетян келиши ыктымал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Дүйнөлүк көчмөндөр оюну эки жыл сайын Кыргызстанда өтөт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эки жылда бир Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу иш-чараны жыйынтыктоочу маалымат жыйынында президенттик аппараттын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков билдирди.

Анын айтымында салтанат жогорку деңгээлде өтүп, ал бүтүндөй дүйнөгө чагылдырылды. Кыргызстанды жаңы, жакшы жагы менен таанышты.

Буга чейин Көчмөндөр оюндарын кезектеги айлампасын өткөрүү укугун башка мамлекетке, анын ичинде Түркия же Казакстанга ыйгаруу маселеси көтөрүлүп жаткан эле.

Көчмөндөрдүн быйылкы спорт таймаштары 3-сентябрда башталып, алты күн уланды. Беттештер спорттун 23 түрүнөн болду. Ага 63 өлкөнүн 1000дей спортчусу катышты.

Чолпон-Ата ат майданында 8-сентябрда Оюндун расмий жабылуу аземи өтүп, ага эстрада жылдыздары катышты.

Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2014-жылы Кыргызстанда өткөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Масимов премьердин креслосун атайын кызмат башчысынын постуна алмаштырды

Казакстандын премьер-министри Карим Масимов ээлеген кызматынан бошотулуп, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы болуп дайындалды.

Өкмөт башчынын милдетин убактылуу аткаруу буга чейинки биринчи вице-премьер Бакытжан Сагинтаевге жүктөлдү. Бул тууралуу 8-сентябрда Акордонун расмий сайтына жарыяланды.

Ал эми атайын кызматтын мурдагы башчысы президент Нурсултан Назарбаевдин кеңешчиси болуп дайындалды.

Министрлер кабинети өкмөттүн жаңы курамы бекитилгенче милдетин аткара берет.

Бүгүн Астанада өкмөттүн кеңейтилген курамдагы жыйыны өтөт. Ага президент катышат. Өткөн аптада парламенттин жыйынында сүйлөп жатып Назарбаев өлкөдө террорчулукка каршы мыйзамдар күчөтүлөрүн айткан.

Масимов өкмөт башчылыгына 2007-жылы дайындалып, бул кызматты 2012-жылга чейин аркалаган. 2012-2014-жылдар аралыгында Казакстан президентинин администрация жетекчиси болуп иштеген. Масимов 2014-жылдын апрелинде кайрадан премьер-министр болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Шавкат Мирзиёев Өзбекстан президентинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Өзбекстанда президенттин милдетин убактылуу аткаруу укугу премьер-министр Шавкат Мирзиёевге берилди. Мындай чечим 8-сентябрда өлкө парламенти Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасы жана Сенатынын кошмо жыйынында кабыл алынды.

Сенат төрагасы Нигматилла Юлдашев “Мирзиёевдин мамлекеттик бийликтеги жогорку жетекчилик кызматтардагы иш тажрыйбасын, эл арасындагы кадыр-баркын” эске алуу менен ага президенттин милдетин аткаруу вазыйпасын жүктөө сунушун айтты. Жыйынтыгында бул сунуш колдоого алынды.

Өзбекстандын Конституциясына ылайык, эгер президент каза тапса же кызмат милдетин аткара албай калса, анын бийлик укугу үч айлык мөөнөт менен премьер-министрге эмес, парламенттин жогорку палатасы – Сенаттын төрагасына өтүшү керек болчу.

Сенат төрагасы кызматын 2015-жылдан бери Нигматилла Юлдашев ээлейт. Айрым булактардын маалыматы боюнча Юлдашев президент милдетин аткаруудан “өзү баш тарткан”.

Шавкат Мирзиёев 59 жашта. Ташкент ирригация жана мелиорация институтун бүтүргөн. Карьерасы Ташкенттин Мирзо-Улугбек районунун акими болуу менен башталган. Андан соң Жизак жана Самарканд облустарын жетектеген. Мирзиёев 2003-жылдан бери Өзбекстандын премьер-министри болуп келген.

Өзбекстанды 27 жыл башкарган Ислам Каримов инсульт болуп 2-сентябрда 78 жашында дүйнө салган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Аудио - Алмаз Атамбаевдин чыгармачылыгына пародиялар чыга баштады

Алмаз Атамбаев өзүнүн 60 жылдык мааракесине арнап чыгарып жаткан музыкалык топтомдоруна кыргыз коомчулугу ар кандай баа берип жатат. Бири “мыкты үн, мыкты чыгарма” деп мактаса экинчиси “ой, бул көчө балдарынын эле ырлары го? Ушундай ырларды ырдоо президентке жарашабы?” деп сындайт. Ошондой эле кыргыздын музыка дүйнөсүндөгү тапандар Алмаз Атамбаевдин чыгармачылыгына арнап, бир нече пародияларды чыгарышты. Алардын бирин бүгүн биздин редакциябыздын куржунуна жөнөтүшүптүр:

Аудио - Алмаз Атамбаевдин чыгармачылыгына пародиялар чыга баштады

Алмаз Атамбаев өзүнүн 60 жылдык мааракесине арнап чыгарып жаткан музыкалык топтомдоруна кыргыз коомчулугу ар кандай баа берип жатат. Бири “мыкты үн, мыкты чыгарма” деп мактаса экинчиси “ой, бул көчө балдарынын эле ырлары го? Ушундай ырларды ырдоо президентке жарашабы?” деп сындайт. Ошондой эле кыргыздын музыка дүйнөсүндөгү тапандар Алмаз Атамбаевдин чыгармачылыгына арнап, бир нече пародияларды чыгарышты. Алардын бирин бүгүн биздин редакциябыздын куржунуна жөнөтүшүптүр:

Видео - LIVE: II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жабылыш аземи

Бүгүн, 8-сентябрда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жабылыш аземи өтүп жатат.

https://www.youtube.com/watch?v=2ilI83rqe2o

Видео - Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун сыртындагы карапайым элдин көңүл ачуусу

Бүгүн, 8-сентябрда Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунда II Дүйнөлүк көчмөндөр оюну аяктап жатат. Оюндун сыртындагы карапайым эл кандай эс алып, кандай көңүл ачып жатышканы боюнча видеотасманы биздин редакциянын куржунуна “Элдик репортерлор” Ысык-Көлдөн жөнөтүшүптүр.

 

“Өнүгүү” фракциясы Конституцияга сунушталган түзөтүүлөрдү бир сыйра талкуудан өткөрдү

Бүгүн, 8-сентябрда “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтында 2016-жылдын 29-июнунда жарыяланган «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун бир сыйра карап чыгышты. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Фракция лидери Бакыт Төрөбаев КР Конституциясынын 30дай беренесине түзөтүү сунушталып жаткандыгын маалымдап, анын ичинде фракция депутаттары тарабынан дагы сунуштар берилгендигин айтты. Ошондой эле Башмыйзамга киргизилип жаткан сунуштар ар бир адамга түшүнүктүү болушу үчүн ар бир беренеге токтолуп, дыкат талкуулап чыгуу максатында жыйынга алынып чыккандыгын кошумчалады.

Талкуунун жүрүшүндө фракция тарабынан балдарга жыныстык зордук-зомбулук кылгандарды өлүм жазасына тартуу жана Премьер-министр менен парламент спикери Президенттик кызматка талапкер боло албастыгын дагы тиешелүү беренеге сунушталып жатканы айтылды. Экинчи маселе боюнча негиздемеге ылайык, бул кызматта тургандар өз кызмат бийлиги менен бир топ жерлерге чейин таасир этет, андыктан, эгер талапкер болгусу келсе, кызматтарын таштоосу зарыл дешет фракция демилгечилери.

Ошону менен катар фракция депутаттары башка сунушталып жаткан түзөтүүлөргө дагы кенен токтолушту. Маселен, өлкөнүн премьер-министри менен 1-вице-премьер-министри болуп барган Жогорку Кеңеш депутаттарынын депутаттык ыйгарым укуктарын сактоо маселеси каралган. Мында фракция депутаттары бийлик бутактарынын бөлүнүү принциби бузулат же буга 1-вице-премьерди кошуунун зарылчылыгы жок деген сындуу ойлорун айтып чыгышты. Мындан сырткары, республикалык бюджет жөнүндө мыйзам кабыл алынып, Президентке кол коюуга барганда Премьер-министрге дагы бир ирет кайрылууга мүмкүнчүлүк берилгендиги дагы талкууну жаратты. Дагы бир талкууну жараткан жагдай – Премьер-министрге акимдерди шайлоо укугун берүү маселесине айыл өкмөт башчыларын шайлоону дагы Өкмөт башчысына берүү боюнча пикирлер айтылса, айрым депутаттар айыл өкмөттөрүн шайлоону азыркыдай эле эл шайлаган айылдык кеңеш депутаттарынын укугунда калтырууну туура дешти.

Ошону менен катар мамлекеттин эгемендигине доо кетирүүчү беренелерге өзгөртүү колдоого алып, өз мамлекетине кыянаттык менен мамиле кылгандардын жарандыгын алып салуу маселеси дагы талкууланды. Конституцияда белгиленген балдарды багып чоңойтуудагы ата-эненин милдетинде атанын жоопкерчилигин көтөрүү максатталган, нике аял менен эркектин гана ортосунда болушун так жазуу боюнча сунуштар дагы колдоого алынды.

Жыйынтыгында фракция лидери Бакыт Төрөбаев Конституцияга сунушталган түзөтүүлөрдү кароо бүгүнкү талкуу менен эле чектелбестигин, фракциянын деңгээлинде дагы бир топ талкуулар өткөрүлүп, анан жалпы фракциянын көз карашы такталып чыгышы керектигин баса белгиледи.

КР Өкмөтү өлкөнүн бардык район-шаарларында окуу-методикалык кабинеттерин түзүүдө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү сапатын жакшыртуу максатында өлкөнүн бардык район-шаарларында штаттык саны 3-8 методисттен турган окуу-методикалык кабинеттерин түзүүдө. Бул тууралу КР өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри «Билим берүүнүн райондук (шаардык) бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) алдындагы окуу-методикалык кабинеттердин типтик штаттарын бекитүү жөнүндө” Токтомго кол койду.

Мындай чечим билим берүү тутумунун негизги звеносу эсептелген жалпы билим берүү, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарында окутуу методикаларын өнүктүрүү жана өркүндөтүү максатында  кабыл алынды.

1995-жылы мурда иштеп келген методикалык кызматтардын жок кылынуусунан келип чыккан кесепеттер жоюлбагандыгына байланыштуу ага карата муктаждык келип чыккан.

Бүгүнкү күндө жалпы билим берүү, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү уюмдарында окуу-методикалык жактан тейлөөнү Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн аппарат кызматкерлери  ишке ашырат. Штаттык бирдиктердин чектелүү болгондуктан кызматкерлер бул жумушту башкаруу функциялары менен биргеликте аткарууда жана бул өз кезегинде иштин сапатына терс таасирин тийгизүүдө.

Буга байланыштуу жер-жерлерде  жалпы билим берүү уюмдарында базистик окуу планынын  талаптары аткарылбай калган учурлар бар.

Педагогокалык жаңы технологиялардын минимумун түзүүдө, окуу процессинде алдыңкы окутуу ыкмаларын жана формаларын киргизүү иштери тийиштүү деңгээлде өнүкпөй жатат.

Коомчулук президент Алмаз Атамбаевдин саламаттыгынан кооптонууда

Мамлекет башчысы Алмаз Атамбаевдин психикалык саламаттыгы тууралуу укук коргоочулар А.Абдирасулова жана Т.Исмаиловалар тынсызданып, аны текшерүүдөн өтүү керектигин кечээ билдиришти. Андан мурда «Ата Мекен» партиясынын лидерлеринин бири Болот Шер да «Супер. kg» сайтына «Алмаз Атамбаев оорулуу, ал психиатрдын жардамына муктаж. Анын сүйлөгөнүнө капа болуунун деле кажети жок», – деп айткан. Бирок, президент психикалык жактан жабыркай турганын же саламаттыгы жакшы экени тууралуу өз сөзүн айта элек. Ошондой эле ажо өзүнүн дарегине айтылган мындай айыптоолорго каршы контраргумент да келтирген жок, ошондуктан коомчулук ажонун жообун чыдамсыздык менен күтүүдө.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Меню