Кызыгың түшкүр, заман бузулган сайын калпты катырган саясатчы, же жалган көз ачык, тарыхчы-санжырачылар көбөйөт экен. Мындай дегеним, “Майдан.kg” газетасынын өткөн санында бир төлгөчү айым “Үч жылдан соң кой үстүнө торгой жумурткалаган заман болоорун, эмнегедир айнек сынып, президенттикке таза кандуу… баарын жөнгө салуучу муун келээрин” болжогон экен. Ал эми ошого катар (контраст) Москвада өрттөн улам кыргыз бийлигин: “сайпана-дөңбайлар силер жакшы иштесеңер минтип 14 адам өлүп, биз тентип жүрөт белек”,- деп, интернетте тирүү калган бир кыздын ыйлаганы жана 25 жылдык эгемендик күнүндө Текебаевди эмнегедир Токмок эт комбинатында кой баштаган текеге салыштырып, Алмазбек Шаршеновичтин эмоционалдуу сүйлөгөн сөзү- мени ушу макаланы жазууга түрткү берди.
Кайдан келчү түшүнүксүз муун
Ооба айланайындар! Далайдан бери чогуу жүргөн Убактылуу Өкмөт мүчөлөрүнүн ортосунда дос айрылып, тескерисинче мурун бирин-бири душман туткандар биригип, август айындагы окуялар – чындыгы саясат сасык оюн экенин көрсөттү. Же шайлоо жакындаган сайын ар кандай жалган билдирүүлөр угула береби… билбейм. 2010- жылга чейин да, “көзү” орусчасынан ачылган “кара дубанын” академиги, (өкүмдары бул үчүн “Форум” директирине чейин көтөргөн) Мелис Карыбеков деген чыккан. Ал экинчи төңкөрүштөн кийин, “Мен кыргызга кут түшөөрүн мурун эле айткам. Олуя экемин. Мынакей бийликке Атамбаев “наземник” (пайгамбар) келди, жакында “экономический чудо” болот”,- деп, ар кайсы газетага бир макаласын кайра-кайра жарыялады. Кудая тобо! Негизинен эл деле… начар турмуштун айынан ишенчээк болуп калат окшойт. Ошондо а киши жогоркудай “былжырак” сөзүн сыналгыдан сайраганда баарыбыз койдой жоошуп укканбызды кантели. Анан эки ай өттү. Бизге түшөт деген кут түшпөй, кыргыздын Ош, Жалал- Абад шаарлары талкаланып, А.Атамбаев тарабынан “Мага түндүк жетет, түштүктү Ташиев, жана башкалар бөлүп алгыла?”- деп айтылып, УӨ мүчөлөрү беш жүзгө жакын кишинин убалына калганда гана баягы олуябыздын жаагы араң жап болгон.
Эми азыр, редакциялык тааныштырууда жазылгандай “төлгөсү төп келип, арбактар менен сүйлөшө билген” бул айымдын айткандарына ишенсек болобу? Мындан мурун, А.Атамбаевдин чочугансып: “жаштардан бийлик элитасын түзүп алсак… эки жылда өнүгүп кетебиз”- демейи бар эле. Биз көрүп, билбеген бул деги кайдагы муун? Өзүңүз деле ойлоп көрүңүз: Кыргызстанда бюжеттик тартыштык 22 млрд., экономикалык абал мышык ыйлагыдай, парламентте бир жылда 2000ден ашык мыйзам кабыл алынып… анын көбү иштебейт, жана бийлик башындагылар мейли кимиси болбосун эч ким, эч нерсеге жооп бербеген, теңибиз тентип, жыл сайын 400 миңден ашык биздин жаран чет жерде № 200- “өлүү жүк” болгон жагдайда үч жылда “кой үстүндө торгой жумурткалаган” заманга жетүү – утопия эмеспи? Же академик Жамин Акималиевдин далилинде Евразия экономикалык биримдигине шашып, ойлонбой киргендигибиздин айынан… жалаң мал башын каттап, биркалап чыгуу үчүн эле ошончо мөөнөт сарпталат экен го. Бул, жөн гана “жээликкен тас, демиңди бас?” болуп жүрбөсүн. Анда, кайдагыны айтып төлгөчү айым элдин башын айлантат?
Ооба, “жетим бала, жесир катын миңден кой айдап, кой үстүнө торгой жумурткалаган” заман… тээ мурун- табиятта экология, адамзатта пейил мынчалык бузула элек кезинде болсо болгон чыгаар. Бирок, бүгүнкү күнү тарыхыбыз бурмаланып, салт-санаа, уят-сыйыт, адамгерчилик, мекенчилдик, кең пейилдик, аял менен эркектин ортосунда мамиле сыяктуу – баардык баалуу нерселер жоголгон… жалаң гана акча ойногон биздин шартта; чандале киши колуна гитара алып ырдап, бейиштин төрүндө жашабаса, биздей карапайым калкка бул жомок. Анан жана, “баарын жөнгө салуучу муун келатканы” кандай? Аны каяктан даярдап, ким жиберет? Же эмне кыргыз эне Ж.Абдырахманов, И.Раззаков, Б.Исакеевдей балдарын төрөп, азыркы бийликтин колу жетпеген жашыруун жакта багып атабы? Түшүнүксүз. Ошондуктан эки тоонун чөбүн самаган текенин көзү кызыл. Мындайды чыныгы олуялар да оозу барып айталган эмес. Маселен, тээ 19-кылымда Байзак Совет доорун: “Кайридин, сууга заара ушаткан (кабат үйдө камалып күн көргөн)”, азыркы биз жашап аткан эгемендик жылдарыбызды: “Кыргыз ит жээр, бит жээр. Ар ким өзүн хан шайлаган, убара…”, мындан кийинкисин “Кыргыз кыр ашкан заман” деп гана болжогону бар.
Балким көзү ачык айым, “шайлоодо өз уруусун төрт жерден издеп барып, “мен силердикмин” деп жүрүп, акыры баткендик болуп тынган А.Ш.Атамбаевдин, же “2020- жылга чейин конституцияны өзгөртүүгө мароторий жарыялоону” ММКлардан 120 ирет эр жигитче сайрап, бирок, ал сөздөн эки жыл сайын айныган Ө.Текебаевдин Ленин айткандай саясий “сайпаналыгы” эл тажатты. Бири бийлик башында отурса, экинчиси мыйзам жазса – булардан эзели кыргыз оңолбойт. Ошондой эле чейрек кылымдан бери жогоркудай жалаң жетесиз; “баштарына байкабай бак конгон” жетекчилердин айынан- камчыга сап жигиттерибиз арабызга батпай, Гарвард сыяктуу дүйнөнүн эң атактуу окуу жайларында сабак берип жүрөт. Эмне үчүн, өлкөнү өнүктүрүүдө ошо сырттагылардын пайдасын Кыргызстанда көрбөйбүз?”- деп, айткысы келгенби… белгисиз.
Мындан улам, башыман өткөн бул окуя аргасыз менин эсиме түштү: анда Совет доору, бир күнү раматылык Эрнис Турсунов жолугуп: “Ой сен, Темирбек (Алымбеков) иниңе – “байке мага Арашан эс алуучу жайында жаткан эки жыл аралыгы 18 бөтөлкө арак карыз”- деп айтыпсың. “Калем акы” алдым. Эртең ошонуңду берейин, “40 жылдык” көчөсүндө баягы… жалаң төкмөлөр чогулуучу бозоканага келе кал?”- деди. Бардым. Барсам – Байдылда, Мукаш, Асек сыяктуулар жок, Эрнис байке төрт киши менен бир чоң үстөлдү тегеректеп отурган экен. Аларга мен кошулган соң, талкан чалынган бозо кан басымына жакпай, ортодо өзүнчө арак ичкен неме кызып калдыбы… улуу, кичүүгө сөз бербестен талашып-тартыша баштады. Себеби, а кезде Э.Турсунов “Куран” китепти кыргызчага которуп, Москвадан чыгарган. “Сиз Крачковскийдин вариантында эмес, нака араб тилинен алсаңыз болмок. Эми молдолор мындай дин бузарлыгыңыз үчүн башыңызга 200 миң рубль сайыптыр. Бүттүңүз”,- деп, тигинин кебине жанында үч жолдошу да кошулду. Ошондо Эрнис байкенин жаны кашайып: “Ой, бүгүн мындан төкмөлөр кетип, жалаң көкмээлер калган турбайбызбы… бас?”- деп, мени башка жерге чакырып сыйлаган болуучу. Анын сыңары биздин деле уучубуз кур эмес… бар. Бирок кыргызда урпактардын келечек тагдыры көбүрөөк ойлондуруп, мисалы казак президенти Н.Назарбаев сыяктуу дүйнө жүзүнө тарап кеткен улуттун илим, билим, талант “каймактарын” кайра чогултуп… айтмакчы биздеги Иса Ахунбаевдин шакирти Сейитхан Жошубаевге Тараз шаарына алдынкы технологиядагы үч кабат өзүнчө менчик кордиологиялык борбор ачып бергендей иш жасаган эл башы жок. Муну менен мен, “азыркы бийликти таптакыр эле начар иштеп жатат”- деп да айткым келбейт.
Кошоматчылар жана бузукулар
Ар бир президенттин өзүнүн жактоочулары, жана азыркы тил менен айтканда ага каршы оппозициясы чыгаары белгилүү. Мурункуларга караганда саясатка үй-бүлөсүн анча катыштырбай, жер сатпай, коррупциялык күрөштү Ак үйдүн 7- кабатынан баштаган сыяктуу АШАнын жакшы жактары деле арбын. Мисалы Бакиев учурунда, анын баласы Максим капчыктууларды ресторанга чогултуп, “кирүү акысы” катары 10 миң доллардан алуучу экен. Азыр Алмазбек Шаршенович буга барбаган менен… Тажикстан сыяктуу өлкөлөр ысырапкорчулукка каршы күрөшүп аткан чакта, быйылкы “тарых жана маданият” жылы 78 иш чара карап, бюжеттин таңсыктыгы 22 млрд. сомдон ашык болгондуктан, көп пайыз салыктан тышкары аларды өткөрүүнү бизнесмендердин мойнуна илип салганы гана… саал аша чапкандай туюлат. Дүйнөлүк каатчылыктан улам “Көчмөндөр оюндарын” бир өткөргөндөн кийин экинчинин, 2бечелге жөтөлдүн” кереги бар беле? Мен түшүнүп турам. Үйүндө татым айран жок, уулунун аты- Жууратбек. Кыргыз ооз көптүрүп сүйлөгөндү жакшы көрөт. Жаз чыга элегинде Ысык- Көлдө 4 миллион туристти жар салдык. Бул таба эмес… тобо. Эми жай чилдеси айрым пансионаттар бош, кыялыбыздагы жол курулбай, аба ырайдын жаанчылдыгынан Чолпон-Ата шаарын сел каптап, чыгашага учурады. Эс алуучулардын санына, жана “Көчмөндөр оюнун” өткөрүүдө – мурда күнкү террорго аракет кылган сакалчандардын, кечөөкү Кытай элчилигин жардыруу сыяктуу окуялар залакасын тийгизеби, тийгизбейби… аны да кудай билет.
Негизи мен азыркы бийликтин күйөрмандарына каяша жазууну деле көздөгөн эмесмин. Бирок, кептин ачыгы “айланайын кошоматчылар?! Силер көкөлөтө мактаган АШАнын элге кылган кызматынын түпкүлүгүн сезбей атасыңар” деп айткым келет. Себеби, 2010- жылдагы мерт кеткендердин максат-тилеги аткарылып, карапайым калктын жашоо- шартын жакшыртуу үчүн- энергетикалык тармак, соттук реформа, чек ара чыр-чатактарын алдын алуу, жемкорлукту жоюу боюнча башында кандай гана убадалар берилген. Ээрге минген соң, ошонун өтөлүнө чыктыбы? Жок. Кайрадан Акаев, Бакиев жолоюна түшүп, бүгүнкү күндө баягы көчөдө кыйкырып чогуу жүргөн көздөй элин тааныбай калды – өкүмдар. Эми үчөөлөп алган тышкы карызды салыштырып көрүңүз: Акаев – 2; Бакиев – 0,7; Атамбаев- 1,3 млрд. Анан, жогоркулардан азыркы бийликтин айырмасы эмнеде? Маселен “тезек тергиле?” деген Бакиев да электр энергиясын мынчалык кымбаттаткан эмес эле. Анын учурунда 14 министрлик болсо, дос-жакындарына вицеликтин санын көбөйтүп, Атамбаев 16га жеткизди. Ошондуктан Дүйнөлүк банкка караганда коңшу Кытайдан алган карыздын төлөмү кандай максатта берилди. Ансыз деле алар мектепте балдарын “Ысык-Көл, Тянь-Шань биздики” деп окутушат экен. Кыргыз түшкө чейин арткы тешиги менен ойлонуп, түштөн кийин акылына кирүүчү эле, залалы урпактарга тийбесин. Мына калктын 60 пайыздан ашыгы айыл жеринде мал-жан, дыйканчылык менен, өз киндиктерин өздөрү кесип жашап жатат. Алмазбек Шаршенович болсо Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев айтмакчы сырттан “Кудай сурап” келип, жайнаган чиновниктерди бакканы үчүн корстон. Анын тээ мурун кебелбеген “оптимизациясы” эми… так бошотоор күнү жакындаганда башталды.
Баарынан кызыгы ал, Текебаев, жана башкалар эч ким эч нерсеге жооп бербей (азыр эки тарап күнөөнү бири-бирине оодарган) батыштын У.Черчилль айткан “эң начар”, аты бар, заты жок, мурун эле түндүк, түштүккө бөлүшүп кокуй элек, азыр кокту-колот сайын бирден хан шайлаган шакый-парламенттик системасын тандап алышып, алты жылдан бери эл үмүтүнө суу сепкени чындык. Мынакей 5-чакырылышта каолициялык көпчүлүк үч партиядан түзүлдү. Эми төрт. Төртөө төрт жакка чойсо, баягы эле таз кейпибизден жанбасак… анан кантип биз өнүгөбүз. Ие айланайын! Деги мамлекетибизди алдыга сүрөп кыргызда, өзүн эмес элди ойлогон – У.Черчилль, Мао Цзе-дунь, Че Пьей сыяктуу реформатор киши чыгабы? Кептин чыны 31- августа эгемендиктин 25 жылдык мааракесине 10 миң киши жакшылыкка келсе, АША жамандыкты УӨ мүчөлөрүн “кузгун, бузукулар” деп шыбап, парадды жарым саат кармаган кылык-жоругун Совет доорунда колхоз башкармасы да жасамак эмес. Эгер 2010- жылы Р.Отунбаева өзүн-өзү шайлап, референдум “президенттик- паламенттикти” кабыл алса, анда ал, 2015-жылы ЖК депутаттарын шайлоодо “биз биометрика менен укмуш таза шайлоо өткөздүк” деп, Европа Парламент бирикмесинен эмне үчүн 13 миллион евро көтөрүп келди. Ошондуктан мен мамлекетибизди өнүктүрө албай туруп, эгемен, көз карандысыз болдук, биз “демократия аралчасыбыз” деп кыйкыра берүүдөн пайда жок, “жогору жакта деңгээли төмөн адам отурганы – атпай журттун шору” деп айтаар элем.
Капкара бети табактай
Ооба, саясат сасык оюн. Бирок, жыт чыгарган жагынан биздикиндей кара бет кайдан болсун! Мисалы, УӨ мүчөсү Ө.Текебаевди мактаган деле киши жок. Анын парламентти базар кылып, “өз ара сүйлөшүү менен астыда турганы, аркасында депутатка жол бошотуп берет”, ошондой эле “ЖКдан эки ата-мекенчи мандатын тапшырбай Бишкек шаар кеңешине көрсөтүлүп, добуш топтоп бергенден кийин кайра мурунку ордуна отуруп калат” деп чыгарган, чантырак мыйзамдарын эсиңерге салгылачы? Анын 2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртүүгө мароторий жарыяланышын “бузса болот, бовойт” деген айныкейи бар, бир кезде Бабанов экөө ит жебеген бокту жешкен менен бүгүн жалаң мансап үчүн чай ичишип, кайрадан достошууга өткөн, ОПГ мүчөсүн партиясынан депутат кылып, бирок ал, каракчылыгы үчүн кармалгандан кийин, өз кол тамгасын танып кеткен кылыктарын көпчүлүк анча жактырбайт. Бирок бу саам Болот Шер айткандай улуу урматуу шамалдап калганбы, же чын эле психиатрга көрсөтүү керекпи билбейм. Эл ишенген көсөмдөрүң бирин-бири “бузуку- кузгундар, кой ээрчиткен теке, а сен жин оору, аялдын этегине башын каткан…” деген сөздөр менен сыпатташып, кошуналарга шерменде гана болду. Анан, ие айланайын кудай! Кен байлыгы жайнаган менен экономикасы жалаң алып-сатмайдан түзүлгөн, ынтымагы жок элде кайдагы өнүгүү.
Эми экинчи тараптын кемчилдиги жөнүндө: макул колдонуудагы Конституцияда “эл мамлекеттик бийликтин булагы” делген менен аны алар тарабынан көзөмөлдөө, отчёт берүү каралбаптыр. Макул, Кыргызстанда кабылданган батыштык либерал-демократиялык үлгүдө партиялык шайлоо системасына таянып, адамдардын саясий-укуктук теңсиздигин шарттаптыр. Макул, Сот бийлиги башка бийлик бутактарына көз каранды болуп калыптыр ж.б. Анда сунушталган мыйзам долбоорунда “күчөтүлгөн премьер- министрдин кызматын” ооздуктоочу жагдай жок, соттор эл башы менен өкмөткө көз каранды болуп, Конституциялык палата өз бүтүмүн “президент жана ЖКга макулдашат” дегени кандай? Кемтик керкиде да, келинде да бар. Бул жерде жараксыз нерсени ого бетер тарпын чыгарып жатасыңар, айланайын билермандар!? Баарынан АША Ысык- Көлдө журналистерге берген жообунда “парламент таркабайт” деди. Анда жалпы элдик референдум болбой эле, коалициялык көпчүлүктө, алиги бийликте партияларга шайлообу? Муну кандай түшүнөбүз. Ойлонсок… эки тараптын тең жүйөөсү Кыргызстанды өнүктүрүүгө багытталды делген менен аны аткаруу бул системада таптакыр мүмкүн эмес. Кыргыздын менталитетине да туура келбейт. Мисалы жапан эли эмне ааламат болбосун… бирөөнүн буюмуна бей жоопсуз кол салбайт. Тарбиясы ошондой. А бизде- партия лидери баштап мородёр. Же, мен жогорто эскерткендей, ОПГ мүчөлөрү, оңой жол, уурулук, алдамчылык, советтик мүлктү “прихватташтыруу” менен акча тапкандар – депутат. Анан, дал ушу шартта карапайым калк жакшы жашоону үмүттөнбөй ак койгону оң. Негизинен алты жылдан бери талашып-тартышып бир орунда отура бербей, өлкөнү өнүктүрөм деген улутман адамга бу система деле анча тоскоолдук кылбайт болуучу. Алсак аталышы “социалисттик” коңшу Кытай, андан ары биз сыяктуу учурунда башынан 6 революцияны өткөрүп, акыркы президентин атууга чейин барган Түштүк Корея азыркы калыбына кантип жетишти? Жана 42 закондун негизинде Улуу Британиянын кризистен чыкканын эстесек- мунун баары Мао Цзе-дунь, Че Пьей, У.Черчилль сыяктуу адамдардын көрөгөчтүгүнөн, жандоочу кийик аттырат, булардын акылына акыл кошкон жан-жөкөрлөрү тарабынан ишке ашкан. Мисалы Акаевдин катачылыгы – Бирштейнди, Бакиев – бир туугандарын, Атамбаев – шоопурун кеңешчи, жана жылкычысын чоң кызматка койгондугунда. Ал эми кен байлык жагынан жарды, жер аймагы деле Кыргызстандын аймагындай болгон Түштүк Корея азыркы күндө 55 миллион калкын, ага кошуп биздин 70 миңден ашык тентиген жарандарыбызды кантип багып жатат деп ойлойсуз? Эгер алардын тарыхына, тажрыйбасына таянсак, бизнесин Түркияда кармаган А.Атамбаевди, ошондой эле жакында Россияда 5 миң жумушчу орунга жалаң орус иштеген цемент завод ачып, ага А.Жумагуловго окшогон “киргиздерди” чакырган Ө.Бабановду бийликке жакын жолотмок да эмес. Себеби Че Пьей бизде “кылмыш мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу” деген келжирек мыйзам чыгарылып, же “Кумтөрдүн” алтыны Канадага ташылгандай “Самсунг” корпарациясынын акциялары чет өлкөлүктөргө сатылып, эли тентип кыйналган учурда буларга окшогон байларга катуу шарт коюп, жана бүткүл дүйнөгө тарап кеткен илим-билим, талант “каймактарын” өз Ата Журту үчүн иштөөгө чакырган. Ал, Москвадагы өрттөн кайтыш болгондордун жакындарына кайрат айткандын ордуна орустарга жан тартып, “өлүктү коюп алганга чейин караңгыда кара мышык издебегиле?”- деп, акыл айткан Ө.Бабанов; эгер премьер- министир болгусу келеби цемен заводду Пеньзада эмес Таласта, же Кытайдан 360 миллион доллар карыз алып, алардын 2000 жаранын кошо багып, Бишкек ТЭЦти реконструциялоо ордуна… биздикилер иштетсин принцибин карманган. Эгер, өмүр бою кылмыш жообуна тартылган Д.Үсөновдун аялы депутат болгусу келеби, “күйөөсү Казакстанга чыгарып кеткен байлыктын теңин кайра кайтарсын” деген, айрыкча байларга мүлк салык сыяктуу талаптар менен экономиканы теске салган. А бизде жогоркудай чейрек кылымдан берики “бардакты” жоё турган саясий эрктүү киши жок.
Азыр айрым аналитиктер Конституцияга өзгөртүү киргизилсе, Алмазбек Шаршеновичтин биринчи ою “күчтүү премьер-министр” болуу. Экинчиси Польшадагы Качиньский сыяктуу “өлкө башына башканы дайындап, өзү көмүскөдөн башкаруу” экенин айтышууда. Бирок анын, тарыхта реформатор катары калуусу үчүн бир гана жол бар. Бул АКШ, Өзбекстан сыяктуу өкмөттү жоюп, “супер- президенттик” системага өтүү экенин (“Майдан.kg” 03.09.14) “Эл башкара албаган букарасын бузат”- деген макаламда мен небак жазгам. Эми ага катар дүйнөлүк кризиске байланыштуу АША парламенттин ичинен журт үчүн жалаң бекер иштеген «потриотторун» калтырып, 2017- жылдын аягына чейин 2,5 млрд. сом үнөмдөө, Че Пьейдин тажрыйбасына таянуу менен, жана өз ордуна татыктуунун татыктуусун дайындаса гана “Кыргыз кыр ашкан заманга” жетүүсү мүмкүн.
Шах Жума, жазуучу
Булак: “Майдан.kg”