Menu

Дональд Туск: Качкындарды кабыл алуу боюнча Евробиримдиктин мүмкүнчүлүгү чегине жетти

Ханчжоу шаарындагы саммитте Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск эл аралык коомчулукту Европага миграция кризисин чечүүгө жардам берүүгө чакырды. Анын сөзү боюнча, жаңы мигранттарды кабыл алууга Евробиримдиктин чамасы чак.

Тусктун айтуусунда, сөз сириялык качкындар жөнүндө эле болуп жаткан жери жок, дүйнө жүзү боюнча качкындардын жана мигранттардын саны 60 млн адамдан ашуун. Еврокеңештин төрагасы саммиттин катышуучуларын адамдарды үйлөрүн таштап кетүүгө мажбурлап жаткан себептерди жоюуга чакырды. Анын сөзү боюнча, Кытай, АКШ жана Орусия Сириядан качкындарды кабыл албаган соң, бул өлкөгө гуманитардык жана экономикалык жардамдарды көбөйтүүгө тийиш.

2015-жылы Сириядан, Жакынкы Чыгыштан жана Африкадагы согуштардан качкан миллиондон ашуун качкын Европадан башпаанек сурашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Роза Отунбаеваны “канаттууга кактырбай, тумшуктууга чоктурбай” коргоп кала турган туугандары же жердештери, соратниктери жокпу?

Роза Отунбаеваны 31-август күнү Атамбаев байкатпай “Ала-Тоо” аянтына чакырып алып, жер жайнаган элдин көзүнчө “фокусник”, “самозванка” президент деп абийирин төктү.  Уу сөздөн уялган Роза Отунбаева ал жерден түшө качып кутулду. Ал кетип баратканда жер жайнаган эл таң калып карап турду. Ошол жердеги бир министр же депутат “ай, бул туура эмес болуп калды” дегенге жарабады. Айрыкча Отунбаева ал жерде жайнап олтурган чет элдик дипломатиялык корпустун, БУУнун ар кайсы структураларынын өкүлдөрүнүн алдынан өтүп баратып “жаман болуп кеткени” көрүнүп турду. Кыскасы Отунбаеваннын абийирин эл алдында төгүү үчүн атайын алдын-ала даярдалган шоу ишке ашты. Эми Атамбаевге караштуу гезит-сайттар Отунбаеваны ууру кылып жазып жатышат. Бирок, Отунбаеваны коргоп чыккан бир тууганы же жердеши, соратниктери болбой жатканы таңгалычтуу.  Текебаевден башка бир адам деги үн ката элек.

Роза Отунбаеванын гана жардамы менен Германияга анан Россияга элчи болуп кеткен Болот Отунбаев деген бир тууган иниси кайда?  Нью-Йоркко Кыргызстандын БУУдагы өкүлү болуп кеткен Эрмек Исаков деген иниси кайда? Алар неге үн катпайт?  Аларга бир тууган эжеден да кызмат артыкпы? Эжесин кордоп жатышса “оозуна суу ууртап алгансып” унчукпай олтурганы неси?  Уулу Атай Садыбакасов деле твиттерге “алкаш” деп жазгандан башка олуттуу сөз айтканга жараган жок.

Же болбосо 2010-жылдан тарта Роза Отунбаева бийликке келгенден кийин он чакты Таластык жердештерин министрлик кызматтарга дайындады эле, алар кайда? Мисалы Бусурманкул Табалдиевди УКМКнын төрагасы, Болот Шерди Ички иштер министри, Руслан Казакбаевди Тышкы иштер министри, Садык Шерниязовду Маданият министри, Зарыл Рысалиевди Ички иштер министри, Рыскелди Момбековду Маданият министри, Өмүрбек Бабановду вице-премьер, андан кийин премьер-министр, Сабыр Жумабековду Саламаттыкты сактоо министри, Артур Медетбековду УКМКнын төрагасынын орун басары, Оморбай Нарбековду Саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп дайындалыштарына Роза Исакованын салымы чоң эле. Ошол кезде бийликте жалаң таластыктар олтуруп калбады беле? Роза Отунбаева бийликтен кеткенден кийин баарын чилдей кууп таратышпадыбы? Бул тизмени уланта берсе болот. Бирок, алардын бири апчесин коргоп үн чыгарганга жарабады. Жок дегенде Текебаевге окшоп бир ооз жылуу сөз менен коргоп койгонго духу жетпеди. Алардан башка да Отунбаева өстүргөн кадрлар, бирге жүргөн партиялаштар, соратниктери кайда? Роза Исаковнаны адилетсиздик менен сындап, шылдыңдоо уланып жатат.

Булак: Кyrgyztoday.kg

ИМ согушкерлери Сирия менен Түркия чектешкен аймактардан сүрүлдү

Сириянын Түркия менен чектеш аймактары “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлеринен бошотулду. Бул тууралуу Түркия премьер-министри Биналы Йылдырым 4-сентябрда билдирди.

Анын айтымында, түрк күчтөрү жана сириялык козголоңчулар Азаздан Жераблуска чейинки 91 чакырым аралыктан согушкерлерди сүрүп чыгарды. Йылдырым өз өлкөсү Сирия менен чектеш жайгашкандыктан, ал жакта аскердик операциялар жүргүзүлүп жатканын айтты:

-Чек араны жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, Сириянын аймактык бүтүндүгүн сактоо максатын көздөйбүз. Сириянын түндүгүндө ар кандай мыйзамсыз мамлекет түзүп алууга эч качан жол бербейбиз.

Түркия өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топко жана күрт согушкерлерине каршы Сириядагы аскердик операцияларын 24-августта баштаган. Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктары уюмунун билдиришинче, “Ислам мамлекети” тобу Түркия менен чек арадагы райондордон сүрүлгөндөн кийин тышкы дүйнө менен байланышын жоготту.

Буга чейин АКШ президенти Барак Обама Түркиянын президенти Режеп Эрдоганга түрк-сирия чек арасын коопсуз кылуу зарылдыгын айткан. Эки лидер Ханчжоудо “Чоң жыйырмалык” саммитинде жолугушкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Роза Отунбаеваны эмнеге президенттик учакка олтургузбай коюшту

Ишемби, 3-сентябрда Өзбекстандын президенти Ислам Каримовду жерге берүү зыйнатына, Самарканга КР Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жетектеген кыргыз делегациясы президенттик самолет менен учуп жатканын уккан Роза Отунбаева “Мен деле экс-президентмин, Ислам Каримов менен иштешкем, 2010-жылдагы Ош окуясында ал киши калыс болуп кеменгерлик кылган. Ошондуктан менен деле кыргыз делегациясына кошулуп барып, элге окшоп топурак салып келейин” деп өкмөткө чалат. Өкмөт “биз чечпейбиз, президенттик аппарат чечет” деп түртө  салат. Президенттик аппаратка, Фарида Ниязов менен Сапар Исаковго чалса алар алгач “шеф менен макулдашалы”  дешет да кийин “шефти таппай жатабыз” деген шылтоо менен качып кетишет.  Ошентип дээрлик бош бараткан мамлекеттик учакка Роза Отунбаеваны албай коюшат.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Топчубек Тургуналиев, УӨ мүчөсү: "Роза Отунбаева кыргызга чыккынчылык кылганы үчүн жооп бериши керек, мен көп былыктарын билем, прокуратура иликтеп, кылмыш ишин козгосо болот"

– “Фейсбуктагы” баракчаңызга “Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү катары Р.Отунбаеванын көп былыктарын билем. Ал кылмышкерлерди өлкөдөн чыгарып жибергени үчүн жооп берген жок” деп жазган экенсиз. Роза Отунбаеванын кандай былыктары тууралуу айттыңыз эле?

– Отунбаеванын кыргызга чыккынчылык кылганын элдин баары билет. Мен ошол жерде деле муну айттым. Ал Курманбек Бакиевди чыгарып жиберип, калган Бакиевдер кармалат деген. Бирок, кийин Жанышынан баштап Акматына чейин чыгып кетти. Отунбаева Эдил Байсалов деген бала аркылуу Кадыржан Батыровго паспорт жасап качырып жиберген. Биз Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү катары ошол жерде отуруп билбеппиз. Алар ошолорду кабыл ала берген экен. Мен Отунбаеванын башка деле былыктарын билем.

– Отунбаеваны бул аракеттери үчүн жоопко тартса болобу?

– Аны Башкы прокуратура карап, иликтесе болот. Арадан эми эле алты жыл өттү. Эгерде чечкиндүү болсо кылмыш ишин козгосо болот.

Булак: “Эгемен” гезити

Түндүк Корея Жапон деңизи тарапка үч баллистикалык ракета учурду

Түндүк Корея Жапон деңизи тарапка үч баллистикалык ракета учурду. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги кабарлады.

Сыноолор Кытайда өтүп жаткан G20 саммитинин акыркы күнүнө туура келүүдө. Саммитке өзөктүк курал түзүү программасынан улам Түндүк Кореяны эл аралык изоляциялоону колдогон көптөгөн дүйнөлүк лидерлер катышууда.

Ракеталарды учуруу – БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын бузуу болуп эсептелет. Түштүк Корея ММКларынын билдиришинче, ракеталарды сыноо Кытайдын башчысы Си Цзиньпин менен Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хе жолугушкандан көп өтпөй эле ишке ашырылган. Кытай Түндүк Кореянын башкы дипломатиялык өнөктөшү болуп эсептелет.

Кытай лидери Пак Кын Хени Түштүк Кореяга америкалык абадан коргонуу системаларын орнотуудан сак болуусу керектигин эскертти. Сеул өкмөтү алар Түндүк Кореянын ракеталык чабуулдарынан коргонууга гана арналганын билдирүүдө.

Корей жарым аралындагы чыңалуу Түндүк Корея ракеталары менен атомдук куралдарын сынап баштагандан соң күчөгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Атамбаев менен Сегизбаевдин “Эгемен” гезити: “Текебаев эки жүздүүлүгүн кайрадан уланта баштады”

Парламенттеги «Ата-Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев кайсы бир кызыкчылык үчүн «бүлдүргүч» саясатын жүргүзө бере тургандыгын өзү деле жакында мойнуна алган. Тактап айтсак, ал буга чейинки премьер-министрлерди бийликти сактап, аны күчтөндүрүш үчүн гана жумушунан бошотууга салым кошуп келгенин мойнуна алган. Болбосо аларды жумуштан кетирип жатканда бирин миллиондук күлүктү парага алган деп айыптаса, дагы бирин мамлекет кызыкчылыгына жараша иш жасай албайт экен деп айыптаганы белгилүү. Ошентип жакында эле ал экс-өкмөт башчыларды жөн эле кызматынан кетирүүгө чоң салым кошконун шардана кылуу менен, өзүнүн эки жүздүү саясатчы экенин мойнуна алды.

Эми ошол эки жүздүүлүгүн кайрадан уланта баштады. Ал бүгүн 1-сентябрда парламенттеги фракцияларды жаңы коалиция түзүүгө чакырды. Анын айтымында учурдагы мамлекет башчысы жана анын айланасындагылар өлкөдөгү саясый кризистин жаралышына себепкер болуп атыптыр. Ушундай учурда парламенттеги фракциялар президентти катыштырбастан жаңы коалиция түзүү менен жаңы өкмөттү түзүүгө мүмкүнчүлүгү бар имиш.

Албетте, жаңы коалиция түзүүгө кандай гана убакта болбосун мүмкүнчүлүк бар. Бирок ал үчүн себеп болуш керек. Эгерде Текебаевге азыркы коалиция жакпай атса, анда коалициялык көпчүлүктүн катарынан шыр эле чыгып кетсе болот. Аны эч ким зордоп кармап отурган жок. Бирок, түлкүдөй сак Текебаев коалициядан чыгып кетүүгө шашылган жок. Ал адегенде өзүнүн катарына башка фракция лидерлерин тартып, бал тилге салып алдоо менен максатына жеткиси келип турат. Бирок, Текебаев «бал тилге» салгандардын бардыгы эле саясый банкроттукка учурап жатканын жакшы билебиз. «Бал кошулган чайды» иче коюп Камчыбек Ташиев тосмодон секирип, алаасын жыртып уят болсо, өткөн жылдагы парламенттик шайлоодо Мырзакматовдун Ош шаарындагы добушун алыш үчүн гана катарына кошуп, кайра чыгарып койгонун билебиз. Андыктан Өмүрбек мырзанын өлүмүш «тактикасына» алданып мамлекетибиздин стабилдүүлүгүнө доо кетирип албашыбыз кажет.

Булак: “Эгемен”

АКШ мамкатчысынын жардамчысынын орун басары Өзбекстанга барат

АКШ мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысынын орун басары Даниель Розенблюм иш сапары менен Өзбекстанга барат.

Сапардын жүрүшүндө ал расмий адамдар менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык талкууланары күтүлүүдө. Тараптар эл аралык жана аймактагы орчундуу көйгөйлөр боюнча пикир алмашышат. Бул тууралуу АКШнын Өзбекстандагы элчилигинен билдиришти.

Мурдагы жолу америкалык дипломат Өзбекстанга ушул жылдын апрелинде барып, өлкөнүн ТИМ башчысы Абдулазиз Камилов менен жолуккан. Анда башка маселелер менен бирге быйыл январда Вашингтондо өткөн өзбек-америка саясий кеңешмесинин жыйынтыктары да талкууланган.

Өзбек эксперттеринин пикиринде, АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлүнүн сапары Өзбекстандагы акыркы окуяларга — президент Ислам Каримовдун каза болушуна байланыштуу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөнстанда тыштан жаңы уюлдук телефон алып кирүүгө тыюу салынды

Ашхабад аба майданында жаңы уюлдук телефондорду өлкөгө уруксаты жок алып кирүүгө тыюу салынгандыгы тууралуу жарыялар илинди. Бул жөнүндө жергиликтүү ММКлар билдиришти.

Бажы кызматкерлери 1999-жылдагы жобого таянуу менен жеке пайдалануу үчүн алынып келинген жаңы уюлдук телефондорду алып коюшууда. Акыркы күндөрү мындай учурлар көп катталып жатканын кеминде бир нече киши кабарлады.

Жарыяда сатуу же жеке пайдалануу максатында телефондорду алып кирүүгө тыюу салынып жатабы-жокпу, так айтылган эмес.

Расмий органдар өлкөдө пайдаланылып жаткан уюлдук телефондорду байланыш коопсуздугунун талаптарына шайкеш келтирүү максатында уруксатсыз жаңы телефондорду алып кирүүгө тыюу салынганын белгилешүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Интерпол диний партиянын жетекчисине расмий түрдө издөө жарыялады

Интерпол Тажикстан кайра жаралуу партиясынын төрагасы Мухиддин Кабириге расмий түрдө издөө салды.

Интерполдун расмий сайтында Кабиринин сүрөтү жана кыскача өмүр баяны жарыяланды. Ал террорчулукка жана көз боемочулук үчүн кылмыш тобун түзүүгө айыпталууда. Интерпол диний партиянын жетекчиси тажик бийлигинин өтүнүчү менен издөөгө алынганын маалымдады.

Интерпол 51 жаштагы Мухиддин Кабирини Вахдат районунун тургуну деп эсептейт. Ал былтыр марттан бери чет өлкөдө жашайт. Тажик бийлигинин божомолу боюнча Мухиддин Кабири Европа өлкөлөрүнүн биринде жашырынып жүрөт.

Кабири өткөн жылдагы парламенттик шайлоодон кийин чет өлкөгө чыгып кеткен. 2015-жылы күзүндө, санаалаштары камалганга чейин ал Түркияда болчу. Былтыр сентябрдан бери Тажикстандын Башкы прокуратурасы мурдагы коргоо министри Абдухалим Назарзода уюштурган козголоңго аталган диний партиянын тиешеси бар экенин жарыялаган.

Учурда Интерполдун алкагында Тажикстандын 342 жараны издөөгө алынган. Алардын ичинен 275и экстремизм жана терроризмге айыпталууда. Бул арада эл аралык укук коргоо уюмдары авторитардык өкмөттөр Интерполду каршылаштарын куугунтуктаган органга айландырып алды деп билдирип келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Атамбаев менен Сегизбаевдин “Эгемен” гезити: “Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Витязь” пансионаты К.Дүйшөбаев менен Э.Каптагаевдин жакындарына катталган”

Учурда кыргыз эли мародерчулук боюнча ачык маалыматты күтүп жатат. Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Витязь” пансионаты К.Дүйшөбаев менен Э.Каптагаевдин жакындарына катталган деген кептер да чыга баштады. Кеңешбек Дүйшөбаев Отунбаеванын учурунда мас абалында бир кишини унаа менен коюп кетип кызматтан алынган. Бул иш азыркы учурга чейин жабык бойдон турат.

Кыргыз эли шейит кеткендердин арты менен бийликке келип байыгандардын, ячейкаларды тоногондордун жазага тартылышын чыдамсыздык менен күтүүдө. Кадыржан Батыров, Курманбек, Жаныш Бакиевдерди өлкөдөн чыгарып жибергендер кылган ишин мойну менен тартышы керек!

Булак: “Эгемен” гезити

Астана: «химиялык кастрация» 2018-жылдан тарта киргизилет

Казакстанда жашы жете электерди зордуктоого айыпталып соттолгондорду химиялык кастрациялоо ыкмасы 2018-жылдын 1-январынан тарта ишке кирет. Бул соттун чечими менен гана жүзөгө ашып, сексуалдык каалоосун басаңдатуучу атайын инъекция сайылат.

Башкы прокуратуранын билдирүүсүнө караганда, акыркы беш жылда өспүрүмдөрдү жана жаш балдарды зордуктагандар түрмөгө гана кесилип келген. Бул жылы жашы жете электерге сексуалдык зомбулук көрсөтүү фактылары 148ден 75ке чейин төмөндөп, дээрлик эки эсе кыскарган. Бирок, ага карабай, кырдаал оор бойдон сакталууда.

Көзөмөл органдын маалыматы боюнча жаш балдарды зордуктоого айыпталып, 26 киши 6 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылды. Өспүрүмдөргө карата ушундай эле кылмыш жасаган дагы 46 киши түрмөгө кесилди. Соттолгондордун арасында жашы жете электер дагы бар, аларга 10 жылдан төмөнкү жаза мөөнөтү берилди.

Казакстан бийлиги быйыл майда жашы жете электерге карата сексуалдык зордук-зомбулук көрсөтүп соттолгондордун тек-жайын камтыган онлайн-базаны жарыялаган. “Бачабаздардын картасында” жаш балдарды зордуктаганы үчүн жоопкерчиликке тартылгандар туурасында бардык маалыматтар көрсөтүлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаылыктар кызматы”

Атамбаев менен Сегизбаевдин "Эгемен" гезити: "Роза Отунбаева деле 2010-жылдан кийин кымбат кийим-кечелерди, бриллиант сөйкөлөрдү тагып, жыргап жашап жатканын, Лондондон үй алганын билебиз"

Мародерчулук, Конституцияны жаман ниети үчүн жазгандар, банктагы ячейкаларды тоногондор эртеби-кечпи сөзсүз жооп берет. Эгемендүүлүк күнү президент бир топ жылдан бери эл арасында айтылып келген сөздөр тууралуу ачык айтты. А.Атамбаевдин мындай ачуу чындыкты айтарын эч ким күтпөсө керек. Бирок, өлкө башчысы ачуу чындыкты бетке айтты.

Уурулар, мародерлор, кылмышкерлер камалышы керекпи? Эми коомчулукту дал ушул суроо кызыктырып баштады. 2010-жылга чейин президенттен тамекиге акча сурап жүрүп бүгүн “Жип” тээп жүргөндөр, банктагы элдин акчасын уурдагандар, кыска аралыкта хансарай салгандар татыктуу жазасын алабы?

Роза Отунбаеванын учурунда жасалган кылмыштар эч качан көз жаздымда калбашы керек жана мындай жолго баргандар катаал жазага тартылууга тийиш. Эгер “өткөөл мезгилдин” президенти коррупциялык кылмыштардын мөөнөтү эскирбей турганын билбесе кулак кагыш кылып коёлу. Азыр 20 жыл мурда уурдасаң да соттоло турган заман. 7-апрелге чейин чычкак улагы жок байкуштар бүгүн кымбат унаа айдап, Венеция комиссиясына кайрылып бекер жерден “тың” болуп жатпаса керек. Мындай адамдардын артында сөзсүз калбыры болот.

Буга эл кандай карайт? Эл деле мамлекетти тоногондордун, кан менен бийликке келип, уурулук менен байыгандардын жазаланышын күтүп турат. Отунбаева деле 2010-жылдан кийин кымбат кийим-кечелерди, бриллиант сөйкөлөрдү тагып, жыргап жашап жатканын билебиз. Лондондун чок ортосунан кыймылсыз мүлк сатып алганы деле белгилүү. Мындай байлыкты кайдан тапты? Же пенсиясына ушинтип жашаганга болобу? Албетте, жок.

Уулу Атай Садыбакасов экинчи дүкөнүн ачылып, акчаны сапырып жаткан чагы. Кечээки студент, социалдык тармактарды өзүн пиарлагандан башканы билбеген “боз бала” мындай ийгиликке кантип жетти? Апрель окуясынан кийин Убактылуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн жакындары кыска аралыкта миллионер болуп чыга келди. Бул акчаларды кайдан алышты? Банктардагы ячейкалардан. 2010-жылга чейин Отунбаева кандай жашады эле? Аны жакындан билгендер карызга акча сурап жүргөнүн айтып эле жүрөт.

Эгер бүгүн Отунбаеваны колдоп митинг өтө турган болсо аны мародерлор тойго айлантып жиберип, өздөрүн актоо үчүн колдон келгенин жасайт. Аянтка бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү, жумуш издеп көчөдө тургандар чыгат. Муну жалпы эл деп атоого ооз деле барбайт. Мекен үчүн күйгөн, мамлекеттин эртеңин ойлогон адамдар мындайга эч качан барбайт. Бирок, “бешинчи колонна” атыккан топ ар кандай арам иштерге барыштан деле кайра тартпайт. Бирок, элибиз баш-аламандыкка эч качан жол бербейт.

Булак: “Эгемен” гезити

Кыргызстан менен Өзбекстан өкмөт башчылары чек араны талкуулашты

Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 3-сентябрда Самарканга Ислам Каримовдун тажыясына барган кезде Өзбекстандын өкмөт башчысы Шавкат Мирзияев менен чек ара маселесин талкуулады. Бул тууралуу 5-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жээнбеков Ислам Каримовдун дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу Кыргызстандын атынан көңүл айтты. Мирзиеев өлкө менен өзбек эли үчүн оор күндөрдө колдоо көрсөткөндүгү жана Ислам Каримов менен коштошуу зыйнатына катышканы үчүн Жээнбековго ыраазычылык билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө премьер-министрлер соода-экономикалык өнөктөштүк, айыл чарба тармагындагы кызматташтык жана транспорттук инфраструктуралар тармагындагы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты. Өзгөчө көңүл чек ара маселелерине бурулду.

Эки тараптуу жолугушууга тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Ташкендеги кыргыз элчиси Данияр Сыдыков жана Жогорку Кеңеш депутаттары катышты.

Булак: “Борбор Азия жаылыктар кызматы”

Гурбангулы Бердымухамедов: "Түркмөнстандын майдандарына жана гүлбактарына Ислам Каримовдун ысымы ыйгарылат

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов 3-сентябрда Ислам Каримовду акыркы жайга узатууга катышты.

Ал Самаркандда сөз сүйлөп жатып, коңшу өлкөгө көңүл айтып, Каримов өз мамлекетин өтө сүйгөнүн, анын өнүгүп, гүлдөшү үчүн арбын иш жасаганын белгиледи.
«Бул адамдын жүрөгү кенен, чыныгы патриот, улуу саясатчы жана мамлекеттик ишмер болчу. Анын демилгелери ар дайым эл аралык аренада колдоого алынчу», – деди Бердымухамедов. Ошондой эле ал Ислам Каримовдун “өлкөлөр ортосунда дайыма ишеним болушу керек” деп айтканын эске салды жана ушул баалуулукту сактоого чакырды.

Бердымухамедовдун айтымында, Түркмөнстанда баары Каримовду жакшы көрүшчү. Түркмөнбашы өз өлкөсүнүн майдандарына жана гүлбактарына Өзбекстан президентинин ысымын ыйгарууну убадалады.

Булак: “Борбор Азия жаылыктар кызматы”

G 20 саммитинде Нурсултан Назарбаев Барак Обама менен жолукту

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Кытайда өтүп жаткан G-20 саммитинин алкагында АКШ президенти Барак Обама менен жолукту.

Казак лидеринин басма сөз кызматы кабарлагандай, Обама президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин дагы тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди. Ал Назарбаевди “жакшы дос, ишенимдүү өнөктөш” деп атады.

Ханчжоу шаарындагы “Чоң жыйырмалык” саммити учурунда казак президенти Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мей жана Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо менен дагы кездешти.

Мындан тышкары Назарбаев Орусия президенти Владимир Путин, Франция президенти Франсуа Олланд, Германия канцлери Ангела Меркель, Түркия президенти Режеп Эрдоган жана башкалар менен маек курганы айтылды.

Булак: “Борбор Азия жаылыктар кызматы”

Фото - Качып жүргөн тажик полковниги "Ислам мамлекетинин" аскер башчысы болуп дайындалды

Ирак ММКлардын маалыматы боюнча тажик полковниги  Гулмурод Халимов “Ислам мамлекети” тобунун аскер лидери болуп дайындалды.

Alsumaria.tv порталы 3-сентябрда Ирактын Найнава провинциясындагы коопсуздук органдарындагы булакка таянып, ИМ буга чейин тындым болгон аскер башчысы Абу Умара аш-Шишанинин ордуна бозгунда жүргөн тажик полковниги Гулмурод Халимовду дайындаганын жазды.

Порталдын билдирүүсүнө караганда, ИМ бул дайындоо туурасында расмий билдирүү жасаган эмес. Экстремисттик топ АКШ башында турган эл аралык коалициялык күчтөрдүн аба чабуулдарынан сестенген. Себеби ИМдин көптөгөн командирлери абадан жасалган соккулардан улам тындым болушкан.

Мындан бир нече күн мурун АКШ “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулуп кеткен, бозгундагы тажик полковнигинин жүргөн жерин айтып бергендерге 3 миллион доллар төлөп берүүгө даяр экенин жарыялаган. Халимов экстремисттик топтун маанилүү фигураларынын бири болуп саналат.

Тажикстан ИИМинин Өзгөчө даярдыктагы мобилдүү бөлүгүнүн мурдагы полковниги аскер көзгө атары болгон. 2003-2004-жылдары америкалык машыгуу борборлорунда терроризмге каршы күрөшүү ыкмаларын үйрөнгөн. Гулмурод Халимов 2014-жылдын апрелинде дайынсыз жоголуп кетип, бир айдан кийин Сирияда ачыкка чыккан.

Гулмурод Халимов 2

Гулмурод Халимов 9

Гулмурод Халимов 7

Гулмурод Халимов  4

Гулмурод Халимов 10

Булак: “Борбор Азия жаылыктар кызматы”

Өлкөдө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары уланууда

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюну 8-сентябрга чейин Ысык-Көлдүн жээгинде уланат. Оюндун максаты – дүйнөдөгү көчмөн калктын цивилизациялык тарыхый-маданий мурасын сактоо жана жандандыруу.

Спорттук жана маданий иш-чаралар Чолпон-Атада жана Кырчын жайлоосунда өтүүдө. Мелдештерге катышуу ниетин 53 өлкөнүн 1000дей спортчусу билдирген. Оюнду 500дөн ашуун ММК өкүлдөрү чагылдырууда, алардын ичинен 320га жакынын 35 мамлекеттен келген чет өлкөлүк журналисттер түзөт. Түз эфирди ондогон телеканалдар камсыз кылууда.

Оюндун алкагында спорттун 25 түрү боюнча мелдеш өтүп, фольклордук фестивалдар уюштурулууда. “Көчмөндөр ааламы” фестивалы 8-сентябрга чейин Кырчын жайлоосунда болот.

Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн өлкө башчы Алмазбек Атамбаев көптөгөн мамлекеттердин делегациялары келгенине сыймыктанып жатканын билдирди. Президенттин айтымында, көчмөн калктын салт-санаасы, мурасына көп өлкөлөр кызыгып калды. Мындан эки жыл мурун биринчи Көчмөндөр оюндары өткөн. Анда 19 мамлекет катышса, бул сапар алардын саны 62ге жетти.

Алмазбек Атамбаев азыркы учурда адамзат башатын унутуп, айрым элдерин жоголуп кетүү коркунучу жаралып жатканын баса белгиледи. Президент экологиялык коркунучтар жаратылышты өзгөртүп жатканына токтолду. Мындай шартта айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасап, бабалардын мурасын сактоо көңүл бурууга арзыйт деди өлкө башчы.

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жабылыш салтанаты 8-сентябрда болот.

Булак: “Борбор Азия жаылыктар кызматы”

Бүгүн КСДПчы депутат Мээрбек Мискенбаев жана "Айкөл-Ала-Тоочу" революционерлер маалымат жыйынын өткөрүп, Убактылуу өкмөттү тилдейт

Бүгүн, 5-сентябрда саат 12.00.дө “АКИпресс ” маалымат агенттигинде Революциянын катышуучусу Мээрбек Мискенбаев баш болгон революционерлер маалымат жыйынын өткөрөрүн АКИпресс агенттиги ММКлардын даректерине жайылтты.

Ал маалыматта КР Жогорку Кеңшинин депутаты, “Айкөл-Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин башкармалыгынын мүчөсү Мээрбек Мискенбаев жана ошол эле  “Айкөл-Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин башкармалыгынын мүчөсү Куван Шаршенбаев бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүң аракеттерине өздөрүнүн кыжыры кайнагандыктарын билдиришет жана КР Конституциясыны өзгөртүүлөрдү колдошот деп айтылат.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Өткөн сутка ичинде Кыргызстандын аймагында 33 өрт кырсыгы катталды

Өткөн сутка ичинде, 4-сентябрдын таңкы саат 08.00.дөн 5-сентябрдын таңкы саат 08.00.гө чейин Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча республиканын аймагында 33 өрт кырсыктары катталып, аларды өчүрүүгө 36 өрт өчүрүү бөлүмдөр тартылган. Бул тууралу КР ӨКМ министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарынын Аалы Токомбаев көчөсүндөгү 9-даректе жайгашкан “Ши-Ша” кафесинен да өрт чыккан.

Фотобаян - Бүгүн Кытайдын Ханчжоу аралында дүйнөнүн G-20 тобунун саммити ачылды

Бүгүн, 4 сентябрда  Кытайдын Ханчжоу аралында G-20 тобунун саммити ачылды. Ага дүйнөнүн 20 дөө-шаа мамлекеттеринин лидерлери катышып, азыркы ааламдагы экономика менен саясаттын көйгөйлөрүн, келечек багыттарын талкуулап, аныкташат. Борбор Азия чөлкөмүнөн саммитке Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев катышып сөз сүйлөдү.

Саммит эртең, 5-сентябрда аяктайт жана анын негизги темасы “Инновациялык, ачык-айкын, бири-бири менен тыгыз туташкан жана инклюзивдик дүйнөлүк экономиканы куруу” деп аталат.

Саммит G20 26

Нурсултан Назарбаев G20

Саммит G20 5 Саммит G20 6

Саммит G20 7Саммит G20 8

Саммит G20 9

Саммит G20 10

Саммит G20 12

Саммит G20 13

Саммит G20 18

Саммит G20 19Саммит G20 24Саммит G20

Саммит G20 22

городе Ханчжоу

Фото - Москвада полиция кызматкери 26 жаштагы жети айлык кош бойлуу келинди машина менен сүзүп, "арыздансаң депортация кылам" деп коркутуп жатыптыр

“Мен Талантбек кызы Бегимай Бишкекте турамын, эгиздин түгөйүмүн.  Апам Жолдошева Гүлсүн жана менин түгөйүм Гүлайым Талантбек кызы өмүрлүк жолдошу Шабыралиев Данияр менен 8 жылдан бери Москвада эмгек мигранттары болушат.  Иштеген иштери, жашаган жерлери бар. Бирок, Москванын полиция кызматкерлери Кыргызстандын жарандарын Евразиялык союзга кошулгандан кийин деле документтерин текшерип, пара бербесең депортация кылам деп коркутуп кыйнаганын токтотушкан жок.  Алтургай күч колдонуп, кыргыз жарандарына жаракат келтирип, зомбулук жасагандан кайра тартышпайт.

Ушул жылдын 29-август күнү менин бир туугандарым  Гүлайым Талантбек кызы менен Данияр Шабыралиев үйлөрүнө азык-түлүк алганы көчөгө, дүкөнгө чыгышат.  Гүлайымдын азыр 7 айлык боюнда бар, кош бойлуу.  “Южный” метро станциясынын алдында аларды эки милиционер токтотуп, документтерин сурайт.  “Документибиз машинада, алып келели” дешсе Даниярды кармап полициянын машинасына тыгышат да машинаны ордунан катуу артка берип,  документке бараткан Гүлайымды бир сүзүп жыга коёт. Гүлайым башы менен жерге катуу тийип, эсин жоготот, буту сынат. Телефон менен апамды чакырышат. “Тез жардам” менен ооруканалар силер Кыргызстандын жараны экенсиңер деп кабыл албай коюшат. Эптеп бир ооруканага акчага сүйлөшүп, 5000 рубльга сынган бутуна гипс жасатып алышат.

Ошол 29-августтан бери түгөйүм Гүлайым Талантбекова үйүндө жатат.  Ага медициналык же укуктук жардам берген эч ким жок.  Тигил машинасы менен сүзгөн полиция кызматкерине кайрылышса ал “Жоголгула, арызданып жиниме тийсеңер депортация кылып жиберем! Колуңардан эмне келет?” деп коркутуп жатыптыр. Ал полициянын “Южный”  бөлүмүндө иштейт экен. Коркуткандарын аудио жана видеого, фотого тартып алышыптыр. Ушуларды жарыялап, бизге ким укуктук жана медициналык жактан жардам бере алат ошону тактап берсеңиздер”

Гулайым Таланбек кызы2 Гулайым Таланбек кызы4

Гулайым Таланбек кызы7Гулайым Таланбек кызы3Гулайым Таланбек кызы машинасыГулайым Таланбек кызы милиционер

Бегимай Талантбек кызы

Редакциядан: Кыргыз Республикасынын Москвадагы элчилиги, консулдугу бул кыргыз жарандарына көңүл буруп, жардам берет деп ойлойбуз. Андан сырткары Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү да кош көңүл калбаса керек. Жабырлануучунун апасы – Жолдошева Гүлсүндүн телефону: +79684536547

Видео — Кыргыз жана казак футбол күйөрмандарынын мушташы интернетте тарады

Бишкекте 30-август күнү Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы менен Казакстандын курама командасы жолдоштук беттешүү өткөрүшкөн. Оюндун жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы 2:0 эсебинде казакстандык футболчуларды утуп алышкан. Ал оюндан чыккан кыргыз футбол фанаттары менен казак фанаттары Бишкектин жеңиш аянтында мушташканы боюнча видеотасма интернетте тарады.

Айрым бир маалыматтар боюнча бул мушташтын алдында эки тараптын фанаттары кол менен буттан башка эч нерсе пайдаланбайбыз деп шартташып алышкан жана дүйнөлүк фанаттар кыймылында ушундай салт бар экени айтылат.  Мушташтын жыйынтыгында кудай жалгап эч ким ооруканага же милицияга түшкөн эмес.

Видео: channel KG , Ельчоро

Видео - СДПКнын өңү Кожобек Рыспаевдин өңүндөй

“Сентябрь” телеканалынын өлкөдөгү маалымат каражаттарынын материалдарына жасаган обзорун сунуш кылабыз.

Булак: “Сентябрь ТВ”

Видео - II Дүйнөлүк көчмөндөр оюну салтанаттуу ачылды

Кечээ, 3-сентябрдын кечинде Ысы-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы улуттук ипподромдо  II Дүйнөлүк көчмөндөр оюну салтанаттуу ачылды .

Кочмөндөр оюну 3-сентябрдан 8-сентябрга чейин созулат жана улуттук оюндардын 23 түрү боюнча 56 мамлекеттин спортчулары мелдешет.

Фото - II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш салтанаты болуп өттү

Бүгүн, 3-сентябрда кечки саат 20.30.да  Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш салтанаты башталды.

Алгач ат оюндары, концерт жана жарыктардан турган атайын шоудан кийин оюнга келген өлкөлөрдүн командалары эл алдынан өтүштү.

Саат 22.40.да элдин алдына Алмаз Атамбаев чыгып, кыска куттуктоо сөзүн айткандан кийин салюттар атылып, Кыргызстандын гимни ойнолду. Андан кийин кайра артисттердин концерти башталды.

Оюнга келген меймандардын арасында америкалык киноактер Стивен Сигал менен Татарстандын президенти Рустам Миннихановдор олтурушту.

II Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну 3-сентябрдан 8-сентябрга чейин созулат жана улуттук спорт оюндарынын 23 түрү боюнча мелдеш өткөрүлүп, ага дүйнөнүн 53 өлкөсүнөн 1000ден ашык спортчулар катышат.

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну II

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну3

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну4

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну11

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну5

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну6

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну7

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну8

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну9

Булак: Кyrgyztoday.kg

Видео - Ислам Каримовдун жаназасы окулду

Бүгүн, 3-сентябрда Самаркандын Регистан аянтында өзбек президенти Ислам Каримовдун жаназасы окулду.

Андан кийин Ислам Каримовдун сөөгү тарыхый архитектуралык Шахи Зинда көрүстөнүнө коюлду.

Фото - Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына бүгүн Самарканда өткөн Ислам Каримовду жерге берүү зыйнатынан сүрөттөрүн жарыялады

Бүгүн, 3-сентябрда Самаркан шаарында өткөн өзбек президенти Ислам Каримовду жерге берүү зыйнатына Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев да катышып сөз сүйлөгөн.

Кечинде мырза Дмитрий Медведев  өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына ошол Ислам Каримовду жерге берүү зыйнатынан тартылган сүрөттөрүн жарыялады.

Дмитрий Медведев похороны Каримова3

Дмитрий Медведев похороны Каримова

Дмитрий Медведев похороны Каримова4

Дмитрий Медведев похороны Каримова5Дмитрий Медведев похороны Каримова6

“От лица всей нашей страны выражаю глубокие соболезнования народу Узбекистана в связи с кончиной президента республики Ислама Каримова. Он многое сделал для того, чтобы между Россией и Узбекистаном были прочные, добрые, союзнические отношения. Я уверен, именно в этом ключе они будут развиваться и дальше,” – деп жазат Дмитрий Медведев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Фотобаян - Самарканда Ислам Каримовду жерге берүү зыйнаты өттү

Бүгүн, 3-сентябрда Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов туулуп өскөн Самаркан шаарында анын сөөгүн жерге берүү зыйнаты өттү.

Ислам Каримовдун сөөгү коштошуу үчүн президенттин Самаркан шаарындагы резиденциясына коюлган.  Ал жерге миңдеген өзбекстандыктар, өкмөт мүчөлөрү, чет элдик дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана ар түрдүү мамлекеттерден атайын келишкен мамлекеттик делегациялардын мүчөлөрү, журналисттер жыйналышкан.

Аза күтүү зыйнатын Ислам Каримовду жерге берүү боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзёев ачты. Бул комиссияга Өзбекстан Олий Мажлис Сенатынын төрагасы Нигматилла Юлдашев да кирет. Конституция боюнча  эми Юлдашев 3 айга президенттин милдетин аткаруучу болот жана ушул 3 айдын ичинде президенттик шайлоону өткөрүш керек. Ошондой эле комиссиянын составында парламенттин төмөнкү – мыйзам чыгаруучу палатасынын спикери Нурдинжон Исмаилов, өкмөт мүчөлөрү жана коомчулуктун өкүлдөрү да бар.

Аза күтүү зыйнатында Ислам Каримовдун жубайы Татьяна Каримова жана кызы Лола Каримова-Тилляйева да катышышты. Ал эми улуу кызы Гүлнара Каримова көрүнбөйт. Кыязы алигиче үй камагында болсо керек.

Андан кийин Ислам Каримовдун сөөгү тарыхый Шахи Зинда мүрзөсүнө коюлду. Бул мүрзө толуп кеткендиктен жабылып, 20 жылдан бери эч кимдин сөөгү коюлбай калган. Ал жерде Ислам Каримовдун энесинин жана эки агасынын да сөөгү жатат.

Сөөктү жерге берүү ритуалдары мусульманчылыктын салттарын бекем сактоо менен өткөрүлдү.  Каримовдун Ташкенден алып келинген сөөгү алгач аэропорттон ата-энесинен калган үйүнө жеткирилип,  улуттук салттар аткарылгандан кийин сөөгү үйдөн чыгарылды. Резиденцияга жеткирилип, коомчулук менен коштошуу үчүн атайын даярдалган залга коюлду.

Каримов проводы

Каримов проводы2

Ислам Каримов похороны 11 Ислам Каримов похороны 4

Ислам Каримов похороны 6

Каримов3

Ислам Каримов похороны12 Ислам Каримов похороны13

Каримов5

Ислам Каримов похороны14

Ислам Каримов похороны16

Ислам Каримов похороны17

Каримов4

Ислам Каримов похороны 8 Ислам Каримов похороны 9

Фото - Алмаз Атамбаевдин кызы Алия Шагиева бүгүн күйөөгө чыкканын жарыялады

Бүгүн, 3-сентябрда Алмаз Атамбаевдин кызы Алия Шагиева өзүнүн Instagram социалдык  тармагындагы баракчасында күйөөгө чыкканын жарыялап, өмүрлүк жолдошу Костя экөөсүнүн сүрөттөрүн ачыкка чыгарды.

Алия Шагиева с мужем4

Алия Шагиева с мужем5

Бир топтон кийин Фейсбуктагы баракчасына да ушул эле сүрөттөрдү жарыялап, төмөнкүдөй мазмундагы пост жазды:

“Я не люблю, когда пары постоянно выкладывают в соцсети бесчисленные совместные фотографии смазливого характера с нарочитой нежностью, пишут тысячи историй о своих чувствах; не понимаю, что за соревнование у людей между собой такое — у кого любовь сильнее, у кого история краше. Именно поэтому за все 4 года я не выставила ни одной совместной фотографии с Костей — человеком, который поддерживал меня все это время и был рядом даже тогда, когда от меня можно было отвернуться из-за моих ошибок; я не услышала ни одного упрёка. Это тот человек, с которым я — это я. И с прошлой недели этот человек — мой муж. Спасибо тебе ❤️

Я долго думала, стоит ли публиковать эти фотографии. Представила, какие у людей бывают грязные мысли. А потом решила, что не собираюсь менять какие-то обыденные привычки вроде желания поделиться радостным событием с друзьями из-за личностей с ограниченным мышлением и заниженным интеллектом. Спасибо всем, кто понимает, что национальность — это лишь формальность, а для светлых чувств нет ограничений.”

Алия Шагиева

АКШ Украинанын чыгышындагы жикчилдерди жана Крымды басып алууну колдогон орусиялыктардын санкциялык тизмесин кеңейтти

АКШ Орусиянын Украинаны чыгышындагы жикчилдерди колдоп жаткандыгына жана 2014-жылы Крымды аннекциялап алгандыгына байланыштуу киргизилген санкциялык тизмеге дагы 37 адамды жана компанияларды киргизди.

«Өнөктөштөрүбүз менен биргеликте каржы министрлиги Орусия тараптан эл аралык укуктук ченемдердин бузулуп жатканын айыптайт жана биз Украинадагы тынчтык менен туруктуулукка коркунуч жараткандарга карата санкцияларды колдообузду улантабыз», – деп билдирди мекеменин эл аралык активдерди көзөмөлдөө боюнча бөлүм башчысынын милдетин аткаруучу Жон Смит.

Документте ошондой эле АКШ Крымда иштеп жаткан бир канча орусиялык компанияны, анын ичинде Орусия менен жарым арал ортосундагы көпүрө курулушуна катышкан «Мостотрест» жана «СГМ-Мост» фирмаларын кара тизмеге киргизгени көрсөтүлгөн. Андан сырткары санкциялар Украинанын чыгыш бөлүгүндөгү жикчилдердин алты өкүлүнө жана Крымдагы 11 аткаминерге карата киргизилди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркияда дагы 500дөн ашуун сот, прокуратура кызматкери жумуштарынан айдалды

Түркияда дагы 543 сот жана прокурор жумуштан айдалды. Жалпы сот тармагында кызматынан бошотулгандардын саны буга чейинкилерди кошкондо 3200дөн ашты.

1-сентябрь күнү президент Режэп Тайып Эрдоган бул сот бутагынын көз карандысыздыгын арттыруу максатында болгонун билдирди.

15-июлдагы төңкөрүштөн бери бардыгы болуп 80 миңден ашуун мамлекеттик кызматкер иштен айдалды. Көпчүлүгү сурак берүү үчүн кармалды. Алардын ичинде соттор, прокурорлор, аскер жана полиция кызматкерлери, журналисттер бар.

Түрк өкмөтү төңкөрүш аракетинин артында бозгунда жүргөн диссидент Фетхуллах Гүлен турат деп айыптап келет. Ал өзү бул айыптоолорду четке кагууда.

Аскер козголоңу учурунда 270тен ашуун адам өлгөн. Евробиримдик жана АКШ Эрдогандын каршылаштары жапырт камоолорго жана репрессияларга кабылып жатканына кабатыр экенин билдиришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кечээ нөшөрлөп жааган жамгырдан Кырчын жайлоосунда Көчмөндөр оюну үчүн тигилген 30дай боз үйдү сел каптады

Кечээ, 2-сентябрь күнү саат 14:20 чамасында  II Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өткөрүлүүчү Кырчын жайлоосунда  катуу нөшөрлөп жаап өткөн мөндүр аралаш жамгырдын кесепетинен колотко тигилген  30 боз үйдү  сел каптаган. Бул тууралу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Тазалоо иштерине жергиликтүү элдер жана КР ӨКМнин 52 куткаруучусу техникалары менен кошо тартылган. Селден кийин сел өткөрүүчү арыктар казылды.

Өзбекстандын убактылуу президентинин милдетин Нигматилла Юлдашев аткарат

Өзбестандын Конституциясынын 96-беренесине ылайык өлкөнүн президентинин милдетин убактылуу  Олий Мажлистин Сенатынын (парламенттин жогорку палатасы) төрагасы Нигматилла Юлдашев аткарат. Бул тууралу “Фергана ньюс” маалымат агенттиги жазып чыкты.

Конституциянын ушул эле беренесине ылайык Нигматилла Юлдашев 3 айдын ичинде өлкөдө президенттик шайлоо өткөрүүгө тийиш.

Юлдашев Нигматилла Тулкинович Ташкен шаарында, 1962-жылдын 5-ноябрында туулган. 1985-жылы Ташкен мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган. Райондук прокуратурада тергөөчү болуп баштап, Өзбекстандын башкы прокурорунун орун басары кызматына чейин көтөрүлгөн. Андан Өзбекстандын президентинин аппаратына которулган.

2011-жылы июнда Өзбекстандын Юстиция министри болуп дайындалган.

2015-жылы январда президент Ислам Каримовдун указы менен Олий Мажлиске сенатор болуп дайындалып, февраль айында Олий Мажлистин Сенатынын төрагасы болуп шайланган.

Үңкүр-Тоодо кырдаал чыңалууда

Аксы районундагы Үңкүр-Тоонун айланасындагы чыңалуу күч алды. 2-сентябрда Өзбекстандын эки тик учагы мурда ээлеп алган тоонун башына конгон.

Буга жергиликтүү тургундар тынчсызданып жатканын айтышып, бийликтен чечкиндүү чараларды көрүүнү талап кылышууда. Ошондой эле алар бийлик чече албаса, жергиликтүү элден турган топ тоону бошотуу аракетин көрөрүн эскертишти.

Өкмөт башчысынын коопсуздук боюнча орун басары Жеңиш Разаков кырдаал көзөмөлдө экенин айтып, сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди.

Өзбекстандын тик учактары

Аксынын Кербен шаарынын үстүндөгү Үңкүр-Тоого 2-сентябрь күнү эртең менен саат 8:30 чамасында Өзбекстандын аскердик тик учагы келип конгон. Буга улай эле саат 9:45те телемунара жайгашкан тилкеге экинчи тик учагы келген.

Буга күбө болгон Аксы тургундарынын бири Мейманаалы Бабаназаров Өзбекстандын тик учактарынын бирин тасмага тартууга үлгүрүп калганын айтып берди:

– Тик учак айланып учуп келип, тоонун башына конгон соң мен эмне болуп жатат деп турнабай салдым. Жогору чыгып турсам эле, ары жактан Өзбекстандын экинчи бир тик учагы учуп келе жаткан экен, аны тасмага түшүрүп калдым. Биринчиси он мүнөттөй туруп, кайра артка карай учуп кетти. Экинчи тик учак тоонун башында бир сааттан ашуун конуп туруп, кайра артка карай учту. Эл буга тынчсызданып, “маселе чечилсе чечилди, болбосо өзүбүз чыгабыз” деп жатат.

Өзбекстандын аскердик тик учагы Үңкүр-Тоонун башына эмне себептен учуп келип конушунун себеби белгисиз. Жергиликтүү тургундардын айтымында, тик учактар кошумча аскер күчтөрүн жана азык-түлүк ташып келиши ыктымал.

Чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев учурда чек ара тилкесинде экенин айтып, ал жактагы өзбекстандык тик учактардын учуп-конуп жатканы туурасында комментарий берүүдөн баш тартты.

Эл бийликтен жооп күтөт

Ошол эле кезде Аксы районундагы Жаңы-Жол айылдык кеңешинин депутаты Жанарбек Надырбеков тоону бошотууга бийлик чара көрө албаса, жергиликтүү эл өзү аракет көрөрүн турганын белгиледи:

– Бул жактагы жаштар, жигиттер бардыгына даяр. Эгерде мамлекетибиз, бийлик бул чек ара маселесин чече албай турган болсо, анда “тоонун башына өзүбүз чыгып, аны бошотуп, маселени чечип алабыз” деп жатышат. Бирок алар ал жакка барса эле анда кан төгүлөт да. Ошондуктан биз аларды сабырга чакырып, басып турабыз. Бийлик токтоосуз түрдө маселени чечпесе, убакытты созуп, кечеңдете берсе, анда башкача бир окуялар болуп кетеби деп кооптонуп турабыз. Азыр кармалып кеткен төрт жигиттин тагдыры эмне болгону жана Үңкүр-Тоо тууралуу сүйлөшүү жүрүп же жүрбөгөнү тууралуу бизде маалымат жок болуп жатат.

Ошол эле кезде Жарандык көзөмөл комитети Аксыдагы жергиликтүү элдин чек ара маселесин өз алдынча чечүү аракетине жол бербөө тууралуу бийликке кайрылды. Анда жаштарга дагы кызуу кандуулукка алдырбоого үндөө болуп, тоонун аймагын өз алдынча бошотууга жол берилсе, анын кесепеттери оор болору эскертилди.

Мындан мурун Аксыдагы Үңкүр-Тоонун башында болжол менен онго чукул өзбек милициясы бар экени айтылган болчу. Бирок жакында тоонун башындагы өзбек аскерлеринин саны көбөйтүлгөнү кабарланды.

Өкмөттө аракет бар, бирок жыйынтык жок

2-сентябрь күнү эртең менен Үңкүр-Тоого өзбекстандык эки тик учак келип конгонун өкмөт башчысынын орун басары Жеңиш Разаков ырастап, учурда кырдаалды жөнгө салуу аракеттери жүрүп жатканын айтты:

– Биз таңдан бери бир топ иш-чараларда жүрөбүз. Ал жактагы кырдаал боюнча кабарыбыз бар. Ал туурасында азыр толук маалымат айтуу кыйын. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Элдин калың катмары бул маселе эмнеден улам чыгып жатканын жана азыркы абалды жакшы түшүнүп турат. Биз эл менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин дагы улантып жатабыз. Ошондуктан эл катуу талап кылып, маселени өз алдынча чечүүгө камданып жатат деген болбогон сөз. Биз бардыгын тынчтык жолу менен, дипломатиялык ыкмалар менен чечип, кырдаалды жөнгө салабыз.

22-августта Өзбекстандын күчтөрү күтүүсүз Үңкүр-Тоого кирип келип, он чакты милиция кызматкерин жайгаштырган. Ал жердеги телемунарада иштеген төрт жаран барымтага алынган.

Өзбек тарап Ала-Букада мыйзамсыз кирип келгени үчүн кармалган милиция кызматкерин өткөрүп берүүнү, суу сактагычтын жанындагы кыргыз тарапка тиешелүү милиция бекеттерин алып салууну талап кылган. Кыргызстан кармалып турган өзбек милициясын бошоткон эле. Бирок Орто-Токой суу сактагычына өзбек жарандарын киргизүүгө уруксат берген эмес. Ошого карабастан Үңкүр-Тоодогу Өзбекстандын милиция кызматкерлери тоодон чыгарыла элек.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бегалы Наргозуев бийликтин камырабастыгы барган сайын кырдаалды курчутуп жатканына токтолду:

– “Биз армияны жаңыладык, Орусиядан наркы бир миллиард доллардан ашуун турган курал-жарак алдык. Эми бизге эч ким тийише албайт. Эгерде бирөө тийишсе, ошого жараша жооп бере алабыз” деп былтыр президент Атамбаев куралдуу күчтөрдүн күнүн белгилөө учурунда мактанган эле. Бирок Өзбекстандан онго жетпеген аскер кирип келип, басып алса, ошого жооп берип, айбат көрсөтө албай отуруп калды. Өзүнүн мына ушундай абалын билгенден кийин ал чоң сүйлөбөш керек болчу. Колунда куралы жок элди согушка түртпөстөн, кырдаалды жөнгө сала албай турган болсо, бул бийлик кетиши керек. Болбосо чек арадагы кырдаал курчуп кетиши мүмкүн.

Кыргызстан Үңкүр-Тоонун башын чек ара сызыгы аныктала элек тилке катары жарыялаган болчу. Ошол эле кезде Өзбекстандын өкмөтү аны эч кандай талаштуу тилке эмес, өзүнө караштуу аймак катары атап, телемунарада иштеген төрт кыргыз жараны чек араны мыйзамсыз бузганы үчүн кармалганын билдирген болчу.

Кубанычбек Жолдошов

Булак: “Азаттык”

Өмүрбек Текебаев: "Конституцияда көрсөтүлбөгөн жол менен өлкөнү башкарып жатабыз"

Депутат Өмүрбек Текебаевдин 1-сентябрда Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүнүн тексти:

-Туура 25 жыл мурун ушул залда, Кыргызстан көз каранды эместигин жарыялаган. Кылымга тете күн болот деп айткан Ч.Айтматовдун сөзүнүн маанисин, мен азыр толугу менен түшүнүп олтурам. 1990- жылы мен ушул залда, Кыргызстан өз алдынча мамлекет болуш керек дегенде, зал каткырып күлгөн эле . Мени тентек, акылдан адашкан адамдай карашкан. Чыныбай Акуновчитин ордунда олтурган төрага “Бир өлкөдө бир эле президент болот. Москвада биздин М. Горбачёв деген президентибиз бар “- деп каткырып күлгөн. Анда коомдук пикир, ошонун ичинде кыргыз элитасы, көз каранды эместикке даяр эмес болчу. Бирок бир жылдан кийин Кыргыз элитасы, легендарлуу парламенттин депутаттары, 31-август күнү Кыргызстанды көз карандысыз мамлекет катары жарыя кылган. Орто Азияда Кыргызстан биринчи болуп эгемендүүлүгүн жарыя кылганы- бу чоң окуя . Мен бүгүн ушуну баса белгилегим келип жатат. Бир күн орусча айтканда “имел значение”. Анткени биз эле эмес, коңшу өлкөлөр да коркуп , кантип эле өзбек көз каранды эмес мамлекет курат, кантип эле казак көз каранды эмес мамлекет курат, кантип өзүбүздүн армиябыз болот, ким менен кай жакка барып сүйлөшүүнү билбей турган . Ошондо бирөө биринчи чыгып, “Жок, биз эл болобуз .Биз түндүк көтөрөбүз, желек көтөрөбүз!”- деп бышып жетилген. Ушул жерде легендарлуу эл өкүлдөрү олтурушкан .Өзбекстанда 1 –сентябрь, Түркмөнстанда 27- октябрь,Таджикстанда
9-сентябрь, ал эми Казакстанда 16 –декабрь эгемендүүлүк жарыя болгон. Мына ошондуктан бир күн чоң мааниге ээ болгон. Бир күн кылымга тете күн болгон. Ошондуктан бул жерде тарыхый чечимдер кабыл алынган. Андан бери 25 жыл өтүптүр. Бир күн кылымга тете болсо, бул чейрек кылым. Демек бул да кылымга тете жылдар болду десек болот. Биз мамлекет катары түптөлдүк. Мына кечээ 25 жылдык эгемен майрамыбызды белгиледик. 25 жылдык тарыхыбызга карап, жыйынтык чыгарып,сабак алышыбыз керек. Кандай ийгиликтер болду деп даңазалап,кандай кемчиликтер болду деп жол көрсөтүп , дагы 25 жылга бул залга келип олтура турган жаңы муунга , биз саясый керезибизди калтырышыбыз керек. Буларды кайталабагыла, мындай жолдон айланып өтөлүк, алдыбызда мындай чоң маселелер турат деп. Бүгүн мына дүйнөлүк терроризм бизге жакындап калды, чек арабыз жабылып, товарларыбыз Казакстан, Россияга өтпөй калды, атуулдарбыз да өтпөй калды. Түштүктө биздин чек арабызды басып, атуулдарыбызды барымтага алды. Мына ушундай кыйын шартта, бул чоң идеологиялык иш чара болуп, ал күнү элди бириктирип, элди мобилизация кылып, элге дух береш керек эле . Урматтуу депутараттар, Мен айтпашым керек эле , бирок айтып коюш керек. Президент А. Атамбаев 31-август күнү ошол миссияны толук кандуу пайдаланган жок. Чоң тойду бузду. Мен өзүм жөнүндө болсо айтпайт элем. Үйүнө барып деле орусча айтканда “разборка” кылып алмакмын. Же президенттиктен түшкөндө деле көчөдөн, бир жерден кармап алмакмын. Бирок кеп эркектер жөнүндө эмес. Кыргызстандын экс- президенти Роза Отунбаева жөнүндө айтып койбосом болбойт. Алмаз Атамбаев Роза Отунбаеваны мыйзамсыз шайланган президент “самозванка”- деп атады. Иш жүзүндө А.Мадумаровдун сөзүн кайталады. Кыргызстанда саясый стабилдүүлүктүн түзүлүшүнө, оор кырдаалдан чыгышына, Роза Отунбаеванын жана Убактылуу өкмөттүн кымындай да салымы жок деп тескерисинче, алардын кара ниеттигине карабастан, эл өзүнөн-өзү жасап койду деп айтты. Эгер муну унчукпай койсок, депутат катары, эркек катары, адам катары туура эмес болот. Роза Отунбаева Убактылуу өкмөттү жетеледи. Мен, Бекназаров, Иса Өмүркулов, А.Атамбаев батына албай турганда, жоопкерчиликти өзүнө алды. Биз деле мен болом деп олтуруп алсак болот эле. Бирок биз батына албадык. Ошондой кыйын кезде даяр болуп калган кызыбыз бар экен. Жоопкерчиликти өзүнө алды. Биз баарыбыз баш ийип иштеп бердик. Убактылуу өкмөттү бүткүл дүйнө тааныды, ал болгону 3 ай эле иштеди. Роза Отунбаеваны болсо, бүткүл дүйнө тааныды.Роза Отунбаеванын жасап кеткен эмгеги тарыхта калды. Аны эч ким чийип ,жокко чыгара албайт. Мына ошондуктан кечээ чекилик кетти деп баса белгилеп койгум келди. Мен бекеринен легендарлуу парламенттен баштаган жокмун.Анда мен Руслан Казакбаев олтурган жерде олтурат элем. Ал аксакалдардын көбүнүн көзү өтүп кетти. Ошол легендарлуу аксакалдарынын балдары, азыр ушул жерде олтурат.Эргеш Төрөбаев депутат болгон, азыр баласы Бакыт Төрөбаев олтурат.Келгиле, биз аталарыбыздын койгон тилегин орундаталык . “Атадан кем бала болот. Атадан артык бала болот” ошон үчүн тарыхый чечимдерди кабыл алаганга даяр бололу. Аталарыбызга татыктуу бололук. 25 жылдан кийин ушул жерде, бизди эстеп, легендарлуу аталарыбыз болгон деп кийинки муун сүйлөп турсун. Бүгүн биз Конститутциядан чет жашап, Конститутцияда көрсөтүлбөгөн жол менен өлкөнү башкарып жатабыз. Бул туура эмес. Сиздердин мандат алып келгениңиздерге 1 жыл боло элек. Мандатыңар күчүнө кире элек. Силер лидерсиңер. Өлкөнүн тагдыры силердин колуңарда! Өлкө силерди карап турат. Ушул жоопкерчиликти биз сезе билишибиз керек. Биз бирөөнүн малайы эмеспиз. Биз Жогорку Кеңештин өкүлүбүз. Бизди кайсыл бир кабинеттерге чакырып, эч ким көрсөтмө бербеши керек. Биз тарыхый чечимди кабыл алышыбыз керек. Анткени ,кыргыз элинин бизден башка ишене турган эч нерсеси жок. Бизден жогору жакта Кудай гана бар . Ошон үчүн бизди Жогорку Кеңеш дейт. Кыргызстандын башка кеңеше турган ,таяна турган таянычы жок. Биз ушуну так жана ачык билишибиз керек. Мен алты фракциянын лидерине, өлкөнүн тагдыры силердин колуңарда деп айтткым келет. Бүгүн да өлкөнүн башкаруусун, Конститутциялык нукка бурганга, толук мүмкүнчүлүгү бар. 6 фракцияныны лидери, 120 депутат бизди эмне деп шылдыңдасын эмне деп келекелебесин, бизден башка кыргыздын карманары жок. Азыр каргаса да, жамандаса да, Жогорку Кеңешти жамандайт. Анткени өзүбүз ошого жол берип жатабыз. Ошондой жүрүм- турум менен жетелеме болуп жатабыз. Качан адамды сыйлайт “поступок” болгондо , жоопкерчиликти ала билгенде сыйлайт. Мына ошондо эл, бизге татыктуу мамиле кылат. Анан уялбастан, “биздин өкүл, биздин жетекчилербиз, жол башчыларбыз”- деп бизди сыйлайт. Бүгүн парламенттин деңгээли, мынчалык төмөнгө түшкөн эмес. Эч бир президенттин, өкмөттүн аппараты чакырып көрсөтмө бербеши керек. Тескерисинче, биз ушул трибунадан отчётторун угуп, ушул жерден баа беришибиз керек. Жаман иштешсе, кызматтан алып, элдин адында тарыхый баа беришибиз керек. Мен ачык кайрылгым келет. Өлкөнүн тагдырын Конститутциялык жашоого буруш, биздин колдо! Баш мыйзамда бул каралган. Өкмөттү президентти катыштырбастан парламент түзгөнгө укугу бар. Эгер президент өзүнүн айланасындагылардан кутулбаса…  Мен расмий жарыя кылам президент өзү эмес, айланасындагылар башкарып жатат. Мына ушул жерде чоогу жүргөн, чоогу күйгөн эски соратниктерди көрүп турам,  СДПК партиясын силер .. башкарбай калдыңар!.  Акаевдин, Бакиевдин жанынада жүргөн СДПК партиясынын жытын да болбогон Фариддер, Сапар Исаков ж.б башкарып олтурат. СДПК мен үчүн жат партия эмес. Бири-бирибиз үчүн камалганбыз, өлкө үчүн күрөшкөнбүз. Ошол тарыхыбызды сыйлап, өлкөнү сактап, туура жолго буралы!

Кагазга түшүргөн Элнура Кулуева

Зулпукаар Сапанов, санжырачы, журналист: “Дүйнө шайтанга сыйынып калды”

— Зулпукаар аке, кыргыз журтуна калеми курч, абийирине камчы салдырбаган чыгаан журналист катары таанылдыңыз эле, бирок негедир бир жылдан бери көрүнбөй кеттиңиз, кайда жүрдүңүз, эмне менен алек болдуңуз?

— Биринчиден көңүлдү көкөлөткөн сөзүңө рахмат, экинчиден өзүм жөнүндө кыска гана айта турган болсом, касиеттүү ата-бабаларыбыз менен жете-жотолорубуздун кылым карыткан санжыра дүйнөсүнө кирип, Кудайымдын буйругу менен кайыптын катылып жаткан сырдуу ааламына чейин жеттим. Тактай кетсем, илимий чөйрө тыным албастан издеп келген Шамбаланы Памирден таап, жер бетиндеги пендеге табышмак болгон түйүндөрдү жандырып чыктым. Анын бири Кыдыр атабыз менен Умай энебиздин урпактарынын улуу санжырасы болуп эсептелет, ага чыйыр салып, унутта калган булактын көзүн тазалап, Кудай касиетине жеткен ыйык Атабыз менен асыл Энебиздин уул-кыздарынын санжырасын тиздим. Мындайча айтканда, Адам менен Ободон таратылган ой жорумдун тамырын талкалап, киши баласы Кыдыр менен Умайдан тараганын аныктап бердим. Албетте, анын баарын бул жерде жая салуу мүмкүн эмес, андыктан кызыктын баарын “Кыдыр санжырасынан” окусаңар болот.

— Демек сиз өтө чоң талашка жем таштап, Кыдыр атабыз менен Умай энебизди таап чыгыпсыз, эми Адам ата менен Обо энеден тараган санжыра жалган болуп чыгабы?

— Биз кызыл топурактан жасалган Адам менен анын кабыргасынан жаралган Обого бирикпейбиз, ал санжыранын тизими диний маңкуртчулуктан улам пайда болгон. Ооба, Адам менен Обонун тукумдары бар, алар еврей менен арабдар. Ал эми биздин башкы атабыз Кыдыр – энебиз Умай. Бул эки ыйык заттын турагы Памирдеги Шам-Көл (Шам-Мир), Сар-Көл (Зор-Көл, Виктория, Көй-Кап) болуп эсептелет, так ушул жер киндигинен эл башкарган падышалар династиясы менен Аруу (Арий) тукуму тараган, мунун ондогон тарыхый фактылары аталган эмгекте жазылуу. Асыресе, киши дүйнөсү Адам менен Обого бирикпестиги дүйнөлүк илимде дагы аныкталып, такталган. Сөзүбүз куру болбошу үчүн бир фактыны белгилесек, Э.Шюре: «Течение семитическое и течение арийское – вот два потока, которые принесли нам все наши идеи, все предания и религии, все искусства, науки и философии…”[1] деп жазган. Айтор, санжыранын бүт баардыгы тарыхый жана философиялык фактылар менен бышыкталып, акылдын туу чокусундагы илим алдында тастыкталып берилди.  

— Кудайдын турагы болгон Шамбала Памирде экенин айттыңыз, муну илимий чөйрө Тибеттен издеп келе жатпайбы?

— Факты менен айтсам, дүйнөлүк илимий маалыматта: Шамбала была царством в Средней Азии. Её царь Сучандра побывал в Южной Индии, чтобы приобрести знание. После мусульманского вторжения в Среднюю Азию в IX веке царство Шамбалы сделалось невидимым для человеческих глаз, и только чистые сердцем могут найти к ней дорогу[2] деп белгиленген. Бул кашкайган далилди санскрит жазмасын иликтеген илимпоздорго мен барып жаздырган жокмун. Демек, Шамбала Тибеттин тоосуна гана байланбайт. Кыскасы мунун ар тараптан тастыкталган далили “Кыдыр санжырасы” китебинде жазылган, дүйнөнүн сырдуу түйүнүнө кызыккандар бардык фактыны ошол жерден окуп чыкса болот.

— Сиз китептеги бир гана сырдын чет-бучкагын чыгарып, Кыдыр атабыз менен Умай энебиздин урпактары тууралуу айттыңыз, аталган эмгекте коомчулукту таң калтыра турган дагы кандай жаңылык бар?

— Албетте, азыр дүйнө жүзү улуттарга, диндерге, мамлекеттерге жиктелип, түрдүү түшүнүктөргө аң-сезимдери катып калды. Ошондой болсо да, Кудайдын кудуретин жеткирүү милдети акылга уюган соң, аны кечиктирбей ачыкка чыгарышым керек. Так белгилесем, дүйнө жүзү азыр Жараткан менен Кудайды унутуп, Ажалдын ээси болгон Шайтанга сыйынып калды. Эгер жер бетиндеги жумуру баштуу пенделер тез арада Кудайдын өзүн таанып, жападан жалгыз Жаратканга тизе бүкпөсө, тагдыры топон суу өңдүү чоң алааматтын бири менен чечилет. Муну жөн жерден жар салып жаткан жокмун, адамзаты менен кишизаты оттон жаралган Шайтанга чөгөлөп, анын аты менен согуш жүргүзүп, кан төгүп жатканын “Кыдыр санжырасында” кашкайган фактылар менен тастыктап, жалпы коомдун алдына чыгардым. Китепти окуган соң иудей, христиан, ислам жана будда диндерине жиктелгендер Кудайга сыйынып жатканын Бириккен улуттар уюмунун алдында далилдеп берсин!

— Мунуңуз абдан чоң сенсация экен, азыр дүйнөдө терроризм күчөп турган кез, сиз өзүңүздүн жана үй-бүлөңүздүн өмүрүнөн корккон жоксузбу?

— Ооба, өзүмдүн жана жакындарымдын өмүрүн дүйнөнүн тынчтыгы үчүн бычактын мизине койдум, коркунуч бар. Бирок, мен террордук жана экстремисттик топтордун намысын тебелегидей кайсы бир диний агымды көккө жеткире көкөлөтүп мактап, экинчисин кемсинтип жаткан жокмун. Бул жерде тынчтык жөнүндө сөз болуп жатат. Кудурети күчтүү Кудайымдын колдоосу аркылуу жалпы дүйнө жалгыз Жаратканга сыйына турган ынтымак тууралуу сөз баштап отурамын. Демек, баарында акылы бар, Шайтанга азгырылбай, терең ойлонот деген ишенимдемин. Экинчиден, менин көзүмдү тазалоо менен эми маселе чечилбейт, анткени, айтыла турган сөздүн баары китепке жазылып, элге тарады. Мындан ары мен болсом дагы, болбосом дагы сөзсүз түрдө жалгыз Жаратканга сыйынуу маселеси чечилет. Себеби, Шамбаладагы Кыдыр атабыз менен Умай энебиздин касиети ачылып, Шайтандын бети сыйрылып калды. Албетте, аалам түзүлүшү боюнча кимдир бирөө өз чындыгын далилдегиси келсе, Кудайым берген сабырдуулук менен акыл күрөшүн жүргүзүшүн суранам, анткени ата-бабаларыбыз “Кудайды акылың менен тааны” деген улуу сөздү бизге калтырган. Дегеним, акыл иштебей, маңкурт болуп калганда, Жараткандын каары башталат. Так мына ошону мен эскертип, жер бетиндеги пенделер Ажалдын ээсине сыйынып калганын кашкайган далилдер менен ачыкка чыгардым. Кудайга сыйынып жатабыз деп дүйнөнү алдап жаткан динаятчылар эми эл алдында жооп берсин.

— Демек, адамзаты “Алтын доорго” жетип, жалгыз Жаратканга сыйына турган кезге келди деп эсептейсизби?

— “Алтын доорду” бүт баары самап келген, бирок акыл майдаланып кеткендиктен, жер бетиндеги пенделер бир доордон экинчисине өтө алган эмес. Тактап айтканда, азыркы маалдагыдай Жараткан менен Кудайды унутуп, Шайтанга сыйынып калган кезде, бир кишиге айттырган. Анан Шайтандан ажырабай, акылын иштетпей, анын аты менен согушуп, кан төгүүнү токтотпой койгон маалда, Жараткандын жалгыз өзү аргасыз түрдө топон суу окуясын кайталап, маңкурт болгон пенделердин жазасын чегерип келген. Биз так ошол чекте турабыз.

— Чындыгында эле биз азыр еврейди кул кылган затты гана таанып, аны Кудай жана Жараткан катары билип жатабыз. Сиздин айтымыңызга караганда булар ар башка заттар, туурабы?

— Эң туура. Дүйнөдө Жараткан бар, ал – бүткүл ааламдын ээси. Анын жер бетинде эки өкүлү бар. Бирөөсү өмүр берет аны Кудай дейбиз, экинчиси өмүрдү кыят муну Шайтан дейбиз. Бул айтылган сөздөрдүн илимий жана тарыхый фактысы “Кыдыр санжырасы” китебинде тизилүү, анын баарын ошол жерден тактап окугула. Анан мындай кереметти билбеген арабдар менен еврейлер Ажалдын ээсин Кудай тутуп, дүйнөнү диндерге ажыратып, ааламдын жаралыш кереметин жалгыз гана Шайтанга байлап таштады. Жыйынтыгын тарыхтан көрдүк, Ажалдын ээсин “Менин Кудайым” деп талашкан динчилдер “Крестик жүрүш”, “Желмогузга аңчылык”, “Жихат” деген чакырыктар менен миллиондогон бейкүнө өмүрлөрдү кыйса, азыр Ислам мамлекети жана сунит менен шийит деген ажырымдар аркылуу аёсуз түрдө кан төгүп жатат. Мунун түбү жакшылык менен бүтпөйт, ар бир пенде тез арада Кудайдын кудуретин таанып, Жаратканга шүйкүм кылбаса, алдыда чоң алаамат күтүп турат!

— Бул жерде кыргыздын орду кандай болот?

— Дүйнөдөгү эң ыйык эл бул – кыргыз. Ыйыктыгынын негизги белгиси тилде турат, Кыдыр атабыз менен Умай энебиздин тилин, т.а. Кудайдын тилин сактап калды. Бул тил – Жараткан Теңиримдин жалгыз өзүнөн гана ыроолонгон ыйык тил. Ырас, жер бетиндеги элдердин бары байыркы доордо Кыдыр менен Умай тилинде сүйлөгөн, бирок, тилекке каршы, азыр бардыгы бузулуп, өзөктөн алыстап кетти. Ыйык Атасы менен асыл Энесин унутуп маңкуртташкан пенделер тилди гана эмес, жогоруда так белгилеп бергендей, Кудай менен Жаратканды да биротоло унутуп, Жоломан болуп калды. Ал эми алакандай кыргыз калкы Кудайдын тили менен сүйлөп, Атабыз менен Энебиз калтырган каада-салтты, нарк-насилди, үрп-адатты, кийим-тайымды, оюн-зоокту, айтор бардык баалуулукту сактап кала алды. Биз ушул сапаттар менен дүйнө элдеринен бийикпиз десек жаңылышпайбыз. Албетте, муну өзүбүз кылган жокпуз, Кыдыр атабыздын жардамы менен болду. Манас бабабыздын улуу баяны баштаган сөз бермети менен тизилген акыл мурастарды айттырып, тилибиз менен кошо баалуу кенчти бизге сактап берди. Бул үчүн аты Кудай деген ысымга өзгөрсө да заты так өзүндөй сакталып калган Кыдыр атабызга миң мертебе ырахмат айтып, шүгүр келтиришибиз керек. Кошумчалай кетерим, дүйнөнү сактап калуу үчүн кыргыздар канчалык эрте ойгонуп, Кыдыр атабыз менен Умай энебизди даңазалап, Шайтандын башын шылый чапканга көмөктөшсө, ошончолук соопко да, ырыскыга эгедер болот. Дегеним, мен айтпасам да түшүнүп турасыңар, ар бир кыргыздын башына алтын жаай турган иш башталды. Андыктан, майда-чүйдөнүн баарын жыйыштыра туралы. Себеби, кыргыз үчүн Кыдыр атабыз жат эмес. Кыргыз деген этнонимдин өзү Кырк Кыдыр, Кырк Кызыр, кыскарып Кырккыз, анан Кыргыз болгону санжырада так жана таамай далил менен берилди, анын баарын чакан маекке батыруу кыйын, демек, элибиз кантип куралганын китептен окугула.

— Албетте, алдыда дагы маек курабыз, азыр “Кыдыр санжырасы” китеби кайда сатылып жатканын айта кетсеңиз?

— “Кыдыр санжырасы” китеби “Нуска” китеп дүкөнүндө, Борбордук аянттагы “Ала-Тоо” кинотеатрынын маңдайындагы китеп саткан жерде, Чүй проспектиндеги Борбордук почта түйүнүнүн ичиндеги кыргыз китеп дүкөнүндө жана И.Арабаев атындагы Университеттин библиотекасында сатылып жатат.

— Маегиңизге ырахмат, “Кыдыр санжырасы” Кыргыз элине кут кондурсун!

Маектешкен Калыгул Бейшекеев

[1] Н.Г.Аюпов, Тенгрианство как открытое мировоззрение, Алматы, 2012, стр. 53.

[2] https://ru.wikipedia.org/wiki/Шамбала

Видео - Ислам Каримовдун сөөгүн Самаркандга жеткиришти

Бүгүн, 2-сентябрда Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун сөөгүн өзү туулуп өскөн Самарканд шаарына жеткиришти.  Бул тууралу Фергана информагентствосу окурмандарынан өз куржунуна келип түшкөн видеотасманы жарыялады.

Ал эми Ислам Каримовдун энеси менен бир туугандары жаткан мүрзөдө тазалоо иштери жүргүзүлүп, даярдык көрүлүүдө.

Фергана информагентствосу

Видео - Гүлнара Каримова атасы Ислам Каримов тууралу эскерүү ырын ырдайт

Көзү өткөн өзбек президенти Ислам Каримовдун көп кырдуу талантка ээ болгон кызы Гүлнара Каримова (Гугуша) атасын эскерип ырдаган өзбекче ырын (клип)  бүгүн орус тилдүү Fergananews маалымат агенттиги жарыялады.

Булак: Fergananews

Венесуэлада президент Мадурого каршы он миңдеген адам көчөгө чыкты

Бейшембиде Венесуэланын борбору Каракаста массалык нааразылык акциясы өттү. Анын катышуучулары президент Николас Мадуронун отставкасын талап кылышты.

Шаар көчөлөрүнө жыл соңуна чейин импичмент боюнча референдум өткөрүү талабы менен он миңдеген адамдар чыкты. Оппозициянын жүрүшү менен катар эле Каракаста бийликтин тарапташтарынын акциясы да өттү.

Венесуэла өкмөтү оппозицияны мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетине айыптоодо. Августтун башында бийликти сындагандар импичментти колдоо үчүн кол топтоого аракет кылышкан, бирок керектүү болгон 4 миллиондон кем эмес адамдын колдоосун табууга мүмкүн болгон эмес.

Мунайга болгон баалар төмөндөгөндөн кийин Венесуэла оор экономикалык каатчылыкты башынан кечирүүдө. Өлкөдө күнүмдүк пайдалануудагы көптөгөн товарлардын тартыштыгы байкалып, азык-түлүк дүкөндөрүндө күн сайын узун кезек күтүүлөр болууда. Оппозиция Мадурону жакшы ойлонулбаган экономикалык саясат жүргүзүүгө айыптап жатат. Бийлик азык-түлүк жетишсиздигине АКШны күнөөлөп келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Назарбаев Кытайга сапарын токтотуп Өзбекстанга барат

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 3-сентябрда Кытайга сапарын токтотуп Өзбекстанга барууну көздөп жатат.

Августтун аягында инсульт болуп ооруканага жаткан Өзбекстандын президенти Ислам Каримов оор абалда. Бул тууралуу жума күнү эртең менен өлкө өкмөтүнөн кабарлашты.

Ташкенттин көчөлөрүндөгү бардык желектер алынды. Күн мурун Өзбекстанда өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгы белгиленген.

Самаркандга өлкө премьер-министри Шавкат Мирзияевдин шашылыш түрдө барганы айтылууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Reuters: Ислам Каримов дүйнө салды

Reuters агенттиги үч дипломатиялык булакка шилтеме берип жазганына караганда, Өзбекстан президенти Ислам Каримов дүйнө салды. Бирок бул маалымат азырынча расмий тастыктала элек.

Каримовдун саламаттыгындагы көйгөйлөр тууралуу кептер 27-августтан тарта жайыла баштаган.

Эртеси күнү кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева Instagram, Facebook баракчаларына атасы мээсине кан куюлуп, инсульт болуп Ташкендеги оорукананын интенсивдүү терапия бөлүмүндө реанимацияда жатканын жазган. “Абалы туруктуу, бирок азыр кандайдыр бир божомол айтуу эрте” деп билдирген.

Бүгүн эртең менен мамлекеттик булактар анын абалы кескин начарлаганын маалымдашты.

Өлкөнү 25 жылдан ашуун убакыттан бери башкарып келген Каримов 1-сентябрда Өзбекстандын эгемендигинин 25 жылдыгына карата майрамдык иш-чарага катышкан эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кыргызгидромет: Республиканын аймагында 3-сентябрдан 7-сентябрга чейин күтүлгөн аба ырайы

3-сентябрда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет, абанын түнкү төмөнкү температурасы 15…17°, күндүзгү жогорку температурасы 30…32° жылуу болушу күтүлөт.

3 сентябрда Ош шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет, абанын түнкү төмөнкү температурасы 18…20°, күндүзгү жогорку температурасы 32…34° жылуу болушу күтүлөт.

3-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад,  Баткен облустарында кээ бир тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

4-5-сентябрда кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

6-7-сентябрда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Фото - Бишкек-Ош унаа жолунун 640-650-чакырымынын аралыгында жер көчкү жүрдү

Бүгүн, 2-сентябрь күнү саат 15:00 чамасында Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Катта-Талдык айыл аймагынын Жаны-Турмуш айылында, Бишкек-Ош унаа жолунун 640-650-чакырымынын аралыгында жер көчкү жүргөн. Бул тууралу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Натыйжасында жолдун жарымы жабылып калган. Жабыркагандар жок. Тазалоо иштерине Өзгөн райондук №959- жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч жөнөтүлгөн.

Жер көчкү Катта-Талдык

Жер көчкү Катта-Талдык2

Жалал-Абад шаарында жайгашкан укук коргоо органдарынын жаматтарынын арасында мамлекеттик тил боюнча сынак өтөт

Жалал-Абад шаарында жайгашкан укук коргоо органдарынын жаматтарынын арасында “Тилин сактаган – улут тарыхын сактайт” атуу кароо-сынак болуп өтмөкчү. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти

Алынган маалыматка караганда, шаар мэриясынын Мамлекеттик тил комиссиясынын демилгеси менен шаар мэриясы атайын буйрук чыгарып, Мамлекеттик тилдин статусунун 27 жылдыгына жана Маданият жана тарых жылына карата ушундай кароо-сынак өткөрүү жагы чечилген. Кароо-сынактын атайын иштелип чыккан жобосуна ылайык, кароо маалында ага катышуучулар 8 позициядан өздөрүнүн чеберчиликтерин чынашат. Мисалы, “Саламдашуу”, “Манас” эпосунан үзүндү айтуу, “Элдик кыргыз ырларын ырдоо”, “Тарыхый окуялардан монолог айтуу”, “Улуттук бий бийлөө” сыяктуу номерлер менен кароонун катышуучулары улуттук баалуулуктарды, өнөрдү, тарыхты канчалык жакшы өздөштүрүшкөнүн көрсөтүшөт.

Кароо-сынактын укук коргоо органдарынын жамааттары арасында өткөрүлүшү мамлекеттик органдардын айрым тармактарында улуттук баалуулуктарды, мамлекеттик тилди тереңирээк сиңирүү, жайылтуу максатын көздөйт.

Кароо-сынакты жогорку деңгээлде уюштуруу үчүн атайын уюштуруу тобунун курамы бекитилип, аны шаардын мэринин орун басары Турдалы Темирбаев жетектейт. Курамга маданият ишмерлери, айрым муниципалдык кызматтардын өкүлдөрү киришкен.

Мамлекеттик каттоо кызматы паспорттун өздүк наркынын калькуляциясын карап чыкты

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын  жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорттун жана Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун (ЖЖП) даярдоо жана персоналдаштырууга кеткен чыгымдарды эсепке алуу менен паспоттун даярдалышынын  өздүк наркынын калькуляциясын карап чыкты. Буга чейин  паспорттун баасы  евронун курсуна көз каранды болчу экендигин белгилеп кетүү керек. Анткени чыгымдалуучу материалдар евро курсу менен сатылып алынчу. Азыркы учурда улуттук валютада  паспорттун баасынын прейскурантын  туруктуу негизде  берүү максатында, мурдагыдай евронун  курсунан көз каранды болуп баанын  болжолдуу жана туруксуздугун жокко чыгаруу үчүн,  МКК бланкалык продукциянын  баасы  сомго өткөрүлдү жана бекитилди. Эми евронун курсунан көз каранды болбостон, ID-карта үчүн чыгымдалуучу  материалдардын наркы  99 сомду, ЖЖП -302 сомду түзөт.

Чыгымдалуучу материалдардан тышкары, паспортторду  даярдоо жана персоналдаштыруу кызматтары да кошумча төлөнөт.Паспорттун эки түрүн даярдоо жана персоналдаштыруу жол-жобосу бирдей болгондугуна карабастан,  мурда  ID-картаны  даярдоо 20 сомдун тегерегинде болчу, ал эми  жалпы жарандык паспортту персоналдаштыруу (чет өлкөлүк паспорт) 250 сомго жакын  болчу. ID-картанын жана ЖЖП персоналдаштыруунун бул баасы бекитилген жана  10 жылдын аралыгында өзгөрүлгөн эмес. Паспортторду  даярдоо жана персоналдаштыруу үчүн  мурунку баанын өлчөмү  2006-жылы Кыргыз Республикасынын Премьер – министринин  тескемеси менен бекитилгендигин жана 10 жылдын аралыгында  кайра каралбагандыгын белгилеп кетүү зарыл.

Бул каражаттар жалпы негизде паспортторду даярдоо жана персоналдаштырууга кеткен  каражаттарды дагы жапчу эмес. ушуга байланыштуу шашылыш документтештирүүдөн алынган  каражаттар жалпы негиздеги паспорттоштурууга субсидияланган, буга Кыргыз Республикасынын   Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан “Жөнгө салынуучу кызматтардан (шашылыш документтештирүү) келип түшкөн  кирешелердин эсебинен  жалпы негизде  калкты  паспорттоштурууну субсидиялоону ишке ашыруу бөлүгү “Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 6-пунктунун  талаптарына  карама-каршы  келет.

Жыйынтыгында, 2016-жылдын 1-августунда Кыргыз Республикасынын  Премьер-министринин 2006-жылдын 9-февралындагы №90 тескемеси  жокко чыгарылды жана 2016-жылдын 1-сентябрынан баштап Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортторун даярдоо жана персоналдаштырууга  жаңы баалар  киргизилди. Паспортту даярдоонун жаңы баасы бирдей 290 сом болуп бекитилди.  Бул баа кызматкерлердин эмгек акысын төлөө жана   социалдык камсыздандырууга чегерүү, электр энергияга чыгымдар, жабдыктарды амортизациялоо, ижараны төлөө, атайын корреспонденцияны жөнөтүү ж.б. сыяктуу паспортторду даярдоодо фактылай чыгымдарды эсептөөдөн келип чыкты. Кыргыз Республикасынын  жаранынын паспортун  алуу үчүн  нарк – ID-карта үчүн  270 сомго, жалпы жарандык паспорт 40 сомго жогорулады, ал өздүк наркынын чыгымдарына  ылайык келет.

Бардык эсептөөлөр тутумдук коррупцияны  демонтаждоо боюнча коррупцияга каршы  планга жана мамлекет жөнгө салуучу чарбакер субъекттердин товарларына (жумуштарына, кызмат көрсөтүүлөрүнө) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартибин бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2013-жылдын 18-февралындагы №83 токтомуна ылайык  жүргүзүлдү.

Төмөнкү  таблицада КР жаранынын паспортунун наркынын  түзүлүшү  боюнча маалымат көрсөтүлгөн

КР жаранынын 2004-жылкы үлгүдөгү паспорту (ID – card)

Жарандардын

категориялары

Паспорт

тун бланкасы

Даярдоо кызматы Арыздын бланкасы Мамлекеттик төлөм

Банк комиссиясы (болжол менен) Жаны бекитилген баа сом менен
Кыргыз республикаынын жаранынын паспортун жарандын 16 жашка чыгышы боюнча биринчи жолу алуусу 99 290  

8,5 сом

0 сом

20 417,5
Кыргыз Республикасынын паспортун жарандын аты-жөнүн, жашаган жерин, улутун өзгөртүү жана каталарын ондоо боюнча алмаштыруусу 99 290  

8,5 сом

30 сом

20 447,5
Кыргыз республикаынын жаранынын паспортун  жараксыз болгондо же жоголгондо калыбына келтирүү 99 290 8,5 сом 100 сом 20 517,5

Кыргыз Республикасынын 2006-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорту

Категории граждан Паспорт

тун бланкасы

Даярдоо кызматы Арыздын бланкасы Мамлекеттик төлөм Банк комиссиясы (болжол менен) Жаны бекитилген баа сом менен
Жалпы жарандык паспортту биринчи жолу алуу 302 290 8,5 сом 0-сом 20 620,5
 
Жалпы жарандык паспортту алмаштыруу

302 290 8,5 сом  

60-сом

20 680,5
Аты-жөнүн, улутун өзгөртүү боюнча жалпы жарандык паспортту алмаштыруусу 302 290 8,5 сом 100-сом 20 720,5
Жалпы жарандык  паспортту  жараксыз болгондо же жоголгондо калыбына келтирүү 302 290 8,5 сом 200-сом 20 820,5

Зулпукаар Сапанов, санжырачы, журналист: “Дүйнө шайтанга сыйынып калды”

— Зулпукаар аке, кыргыз журтуна калеми курч, абийирине камчы салдырбаган чыгаан журналист катары таанылдыңыз эле, бирок негедир бир жылдан бери көрүнбөй кеттиңиз, кайда жүрдүңүз, эмне менен алек болдуңуз?

— Биринчиден көңүлдү көкөлөткөн сөзүңө рахмат, экинчиден өзүм жөнүндө кыска гана айта турган болсом, касиеттүү ата-бабаларыбыз менен жете-жотолорубуздун кылым карыткан санжыра дүйнөсүнө кирип, Кудайымдын буйругу менен кайыптын катылып жаткан сырдуу ааламына чейин жеттим. Тактай кетсем, илимий чөйрө тыным албастан издеп келген Шамбаланы Памирден таап, жер бетиндеги пендеге табышмак болгон түйүндөрдү жандырып чыктым. Анын бири Кыдыр атабыз менен Умай энебиздин урпактарынын улуу санжырасы болуп эсептелет, ага чыйыр салып, унутта калган булактын көзүн тазалап, Кудай касиетине жеткен ыйык Атабыз менен асыл Энебиздин уул-кыздарынын санжырасын тиздим. Мындайча айтканда, Адам менен Ободон таратылган ой жорумдун тамырын талкалап, киши баласы Кыдыр менен Умайдан тараганын аныктап бердим. Албетте, анын баарын бул жерде жая салуу мүмкүн эмес, андыктан кызыктын баарын “Кыдыр санжырасынан” окусаңар болот.

— Демек сиз өтө чоң талашка жем таштап, Кыдыр атабыз менен Умай энебизди таап чыгыпсыз, эми Адам ата менен Обо энеден тараган санжыра жалган болуп чыгабы?

— Биз кызыл топурактан жасалган Адам менен анын кабыргасынан жаралган Обого бирикпейбиз, ал санжыранын тизими диний маңкуртчулуктан улам пайда болгон. Ооба, Адам менен Обонун тукумдары бар, алар еврей менен арабдар. Ал эми биздин башкы атабыз Кыдыр – энебиз Умай. Бул эки ыйык заттын турагы Памирдеги Шам-Көл (Шам-Мир), Сар-Көл (Зор-Көл, Виктория, Көй-Кап) болуп эсептелет, так ушул жер киндигинен эл башкарган падышалар династиясы менен Аруу (Арий) тукуму тараган, мунун ондогон тарыхый фактылары аталган эмгекте жазылуу. Асыресе, киши дүйнөсү Адам менен Обого бирикпестиги дүйнөлүк илимде дагы аныкталып, такталган. Сөзүбүз куру болбошу үчүн бир фактыны белгилесек, Э.Шюре: «Течение семитическое и течение арийское – вот два потока, которые принесли нам все наши идеи, все предания и религии, все искусства, науки и философии…”[1] деп жазган. Айтор, санжыранын бүт баардыгы тарыхый жана философиялык фактылар менен бышыкталып, акылдын туу чокусундагы илим алдында тастыкталып берилди.  

— Кудайдын турагы болгон Шамбала Памирде экенин айттыңыз, муну илимий чөйрө Тибеттен издеп келе жатпайбы?

— Факты менен айтсам, дүйнөлүк илимий маалыматта: Шамбала была царством в Средней Азии. Её царь Сучандра побывал в Южной Индии, чтобы приобрести знание. После мусульманского вторжения в Среднюю Азию в IX веке царство Шамбалы сделалось невидимым для человеческих глаз, и только чистые сердцем могут найти к ней дорогу[2] деп белгиленген. Бул кашкайган далилди санскрит жазмасын иликтеген илимпоздорго мен барып жаздырган жокмун. Демек, Шамбала Тибеттин тоосуна гана байланбайт. Кыскасы мунун ар тараптан тастыкталган далили “Кыдыр санжырасы” китебинде жазылган, дүйнөнүн сырдуу түйүнүнө кызыккандар бардык фактыны ошол жерден окуп чыкса болот.

— Сиз китептеги бир гана сырдын чет-бучкагын чыгарып, Кыдыр атабыз менен Умай энебиздин урпактары тууралуу айттыңыз, аталган эмгекте коомчулукту таң калтыра турган дагы кандай жаңылык бар?

— Албетте, азыр дүйнө жүзү улуттарга, диндерге, мамлекеттерге жиктелип, түрдүү түшүнүктөргө аң-сезимдери катып калды. Ошондой болсо да, Кудайдын кудуретин жеткирүү милдети акылга уюган соң, аны кечиктирбей ачыкка чыгарышым керек. Так белгилесем, дүйнө жүзү азыр Жараткан менен Кудайды унутуп, Ажалдын ээси болгон Шайтанга сыйынып калды. Эгер жер бетиндеги жумуру баштуу пенделер тез арада Кудайдын өзүн таанып, жападан жалгыз Жаратканга тизе бүкпөсө, тагдыры топон суу өңдүү чоң алааматтын бири менен чечилет. Муну жөн жерден жар салып жаткан жокмун, адамзаты менен кишизаты оттон жаралган Шайтанга чөгөлөп, анын аты менен согуш жүргүзүп, кан төгүп жатканын “Кыдыр санжырасында” кашкайган фактылар менен тастыктап, жалпы коомдун алдына чыгардым. Китепти окуган соң иудей, христиан, ислам жана будда диндерине жиктелгендер Кудайга сыйынып жатканын Бириккен улуттар уюмунун алдында далилдеп берсин!

— Мунуңуз абдан чоң сенсация экен, азыр дүйнөдө терроризм күчөп турган кез, сиз өзүңүздүн жана үй-бүлөңүздүн өмүрүнөн корккон жоксузбу?

— Ооба, өзүмдүн жана жакындарымдын өмүрүн дүйнөнүн тынчтыгы үчүн бычактын мизине койдум, коркунуч бар. Бирок, мен террордук жана экстремисттик топтордун намысын тебелегидей кайсы бир диний агымды көккө жеткире көкөлөтүп мактап, экинчисин кемсинтип жаткан жокмун. Бул жерде тынчтык жөнүндө сөз болуп жатат. Кудурети күчтүү Кудайымдын колдоосу аркылуу жалпы дүйнө жалгыз Жаратканга сыйына турган ынтымак тууралуу сөз баштап отурамын. Демек, баарында акылы бар, Шайтанга азгырылбай, терең ойлонот деген ишенимдемин. Экинчиден, менин көзүмдү тазалоо менен эми маселе чечилбейт, анткени, айтыла турган сөздүн баары китепке жазылып, элге тарады. Мындан ары мен болсом дагы, болбосом дагы сөзсүз түрдө жалгыз Жаратканга сыйынуу маселеси чечилет. Себеби, Шамбаладагы Кыдыр атабыз менен Умай энебиздин касиети ачылып, Шайтандын бети сыйрылып калды. Албетте, аалам түзүлүшү боюнча кимдир бирөө өз чындыгын далилдегиси келсе, Кудайым берген сабырдуулук менен акыл күрөшүн жүргүзүшүн суранам, анткени ата-бабаларыбыз “Кудайды акылың менен тааны” деген улуу сөздү бизге калтырган. Дегеним, акыл иштебей, маңкурт болуп калганда, Жараткандын каары башталат. Так мына ошону мен эскертип, жер бетиндеги пенделер Ажалдын ээсине сыйынып калганын кашкайган далилдер менен ачыкка чыгардым. Кудайга сыйынып жатабыз деп дүйнөнү алдап жаткан динаятчылар эми эл алдында жооп берсин.

— Демек, адамзаты “Алтын доорго” жетип, жалгыз Жаратканга сыйына турган кезге келди деп эсептейсизби?

— “Алтын доорду” бүт баары самап келген, бирок акыл майдаланып кеткендиктен, жер бетиндеги пенделер бир доордон экинчисине өтө алган эмес. Тактап айтканда, азыркы маалдагыдай Жараткан менен Кудайды унутуп, Шайтанга сыйынып калган кезде, бир кишиге айттырган. Анан Шайтандан ажырабай, акылын иштетпей, анын аты менен согушуп, кан төгүүнү токтотпой койгон маалда, Жараткандын жалгыз өзү аргасыз түрдө топон суу окуясын кайталап, маңкурт болгон пенделердин жазасын чегерип келген. Биз так ошол чекте турабыз.

— Чындыгында эле биз азыр еврейди кул кылган затты гана таанып, аны Кудай жана Жараткан катары билип жатабыз. Сиздин айтымыңызга караганда булар ар башка заттар, туурабы?

— Эң туура. Дүйнөдө Жараткан бар, ал – бүткүл ааламдын ээси. Анын жер бетинде эки өкүлү бар. Бирөөсү өмүр берет аны Кудай дейбиз, экинчиси өмүрдү кыят муну Шайтан дейбиз. Бул айтылган сөздөрдүн илимий жана тарыхый фактысы “Кыдыр санжырасы” китебинде тизилүү, анын баарын ошол жерден тактап окугула. Анан мындай кереметти билбеген арабдар менен еврейлер Ажалдын ээсин Кудай тутуп, дүйнөнү диндерге ажыратып, ааламдын жаралыш кереметин жалгыз гана Шайтанга байлап таштады. Жыйынтыгын тарыхтан көрдүк, Ажалдын ээсин “Менин Кудайым” деп талашкан динчилдер “Крестик жүрүш”, “Желмогузга аңчылык”, “Жихат” деген чакырыктар менен миллиондогон бейкүнө өмүрлөрдү кыйса, азыр Ислам мамлекети жана сунит менен шийит деген ажырымдар аркылуу аёсуз түрдө кан төгүп жатат. Мунун түбү жакшылык менен бүтпөйт, ар бир пенде тез арада Кудайдын кудуретин таанып, Жаратканга шүйкүм кылбаса, алдыда чоң алаамат күтүп турат!

— Бул жерде кыргыздын орду кандай болот?

— Дүйнөдөгү эң ыйык эл бул – кыргыз. Ыйыктыгынын негизги белгиси тилде турат, Кыдыр атабыз менен Умай энебиздин тилин, т.а. Кудайдын тилин сактап калды. Бул тил – Жараткан Теңиримдин жалгыз өзүнөн гана ыроолонгон ыйык тил. Ырас, жер бетиндеги элдердин бары байыркы доордо Кыдыр менен Умай тилинде сүйлөгөн, бирок, тилекке каршы, азыр бардыгы бузулуп, өзөктөн алыстап кетти. Ыйык Атасы менен асыл Энесин унутуп маңкуртташкан пенделер тилди гана эмес, жогоруда так белгилеп бергендей, Кудай менен Жаратканды да биротоло унутуп, Жоломан болуп калды. Ал эми алакандай кыргыз калкы Кудайдын тили менен сүйлөп, Атабыз менен Энебиз калтырган каада-салтты, нарк-насилди, үрп-адатты, кийим-тайымды, оюн-зоокту, айтор бардык баалуулукту сактап кала алды. Биз ушул сапаттар менен дүйнө элдеринен бийикпиз десек жаңылышпайбыз. Албетте, муну өзүбүз кылган жокпуз, Кыдыр атабыздын жардамы менен болду. Манас бабабыздын улуу баяны баштаган сөз бермети менен тизилген акыл мурастарды айттырып, тилибиз менен кошо баалуу кенчти бизге сактап берди. Бул үчүн аты Кудай деген ысымга өзгөрсө да заты так өзүндөй сакталып калган Кыдыр атабызга миң мертебе ырахмат айтып, шүгүр келтиришибиз керек. Кошумчалай кетерим, дүйнөнү сактап калуу үчүн кыргыздар канчалык эрте ойгонуп, Кыдыр атабыз менен Умай энебизди даңазалап, Шайтандын башын шылый чапканга көмөктөшсө, ошончолук соопко да, ырыскыга эгедер болот. Дегеним, мен айтпасам да түшүнүп турасыңар, ар бир кыргыздын башына алтын жаай турган иш башталды. Андыктан, майда-чүйдөнүн баарын жыйыштыра туралы. Себеби, кыргыз үчүн Кыдыр атабыз жат эмес. Кыргыз деген этнонимдин өзү Кырк Кыдыр, Кырк Кызыр, кыскарып Кырккыз, анан Кыргыз болгону санжырада так жана таамай далил менен берилди, анын баарын чакан маекке батыруу кыйын, демек, элибиз кантип куралганын китептен окугула.

— Албетте, алдыда дагы маек курабыз, азыр “Кыдыр санжырасы” китеби кайда сатылып жатканын айта кетсеңиз?

— “Кыдыр санжырасы” китеби “Нуска” китеп дүкөнүндө, Борбордук аянттагы “Ала-Тоо” кинотеатрынын маңдайындагы китеп саткан жерде, Чүй проспектиндеги Борбордук почта түйүнүнүн ичиндеги кыргыз китеп дүкөнүндө жана И.Арабаев атындагы Университеттин библиотекасында сатылып жатат.

— Маегиңизге ырахмат, “Кыдыр санжырасы” Кыргыз элине кут кондурсун!

Маектешкен Калыгул Бейшекеев

[1] Н.Г.Аюпов, Тенгрианство как открытое мировоззрение, Алматы, 2012, стр. 53.

[2] https://ru.wikipedia.org/wiki/Шамбала

Фотобаян - Бишкекте дүйнөнүн 7 жолку чемпиону Орзубек Назаров атындагы бокс залы ачылды

Бишкекте, Жаштар аллеясына жанаша салынган дүйнөнүн 7 жолку чемпиону, СССР спортунун эмгек сиңирген устаты Орзубек Назаров атындагы бокс залынын ачылышы болуп өттү.

Залдын ачылышына чемпион Орзубек Назаров өзү, анын атактуу тренери  Геннадий Аноприев, Назаровдун достору, дегеле бокс сүйүүчүлөрү жана расмий адамдар катышты.

Бишкек шаардык спорт комитетинин атынан  Ырысбек Мааткабылов 50 миң сом көрүмдүк берди.

Орзубека Назаров зал бокса

Орзубека Назаров зал бокса2

Орзубека Назаров зал бокса3

Орзубека Назаров зал бокса6

Орзубека Назаров зал бокса4

Булак: Кyrgyztoday.kg

Өзбекстандын 2-президенти ким болот?

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун көз жумгандыгы бир нече күндөн бери кызуу талкууга алынууда. Бирок, расмий Ташкент моюндабай келет. Өзбек өкмөтү Каримовдун ооруп жыгылганын моюнга алып, азыр дарыланып жатат, сакайуусуна көп убакыт талап кылынат деп расмий билдирди. Өкмөттүн Каримовдун ооруп калганын расмий билдиргенинин өзү эле Каримовдун абалы оор экенинен кабар берет.

Ошол эле күнү Ислам Каримов жашаган мамлекеттик  резиденция 3 катар аскердик курчоого алынып, чымын учуп өтө албагандай көзөмөлгө алынганы кабарланды.

Андан кийин Ислам Каримовдун кызы Лола Каримова атасынын мээсине кан куюлуп оор абалда жатканын өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазып билдирди.

Демек, ажал жетип, Ислам Каримов мээсине кан куюлуп, кайтпас жагына өткөндөн кийин президенттин айланасындагылар Ислам Каримовду жасалма аппаратка туташтырып коюп, анын ден соолугу тууралу маалыматтын баарын жаап салып, анын ордун ким басат деген күрөш башталганы сезилип калган.

Билермандардын айтуусунда Өзбекстандын 2-президенттигине күрөшө турган 3-4 талапкер бар.

Конституция боюнча эгер президент өз милдетин аткарууга жарамсыз болуп калса анда 3 айга президенттин милдетин аткаруучу болуп өзбек парламентинин жогорку палатасынын (Олий мажлис) спикери келет. Азыр Олий мажлистин сенатынын төрагасы Нигматулла Юлдашев. Бирок, Борбордук Азияда Конституция иштеп кетет деп ишенүүгө болбойт.

Нигматилла Юлдашев2

Ошондуктан билермандар азыркы премьер-министр Шавкат Мирзиёевдун ысымын келечектеги 2-президент катары көп аташууда жана азыр Өзбекстандагы абал мына ушул киши тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынып турганын кабарлашууда. Шавкат Мирзиёев 13 жылдан бери Өзбекстандын премьер-министри, 58 жашта жана Жызак кланына кирет. Ал эми Ислам Каримов Самаркан кланына кирген. Шавкат Мирзиёевдун чоң мамлекеттик ишмер болуп калышына кудасы, Россиядагы өзбек миллионери Алишер Усманов чоң роль ойногону айтылып калат. Азырга чейин Алишер Усманов кудасы Шавкат Мирзиёевду колдоп, өстүрүп келатканы да белгилүү. Бирок Шавкат Мирзиёевдун интеллектуалдык потенциалы чектелүү деп жазышат эксперттер. Эгер ал президенттик бийликке келсе Өзбекстанда репрессиялар күчөп, коңшулар менен чек ара маселелери татаалдашат дешет.

Шавкат Мирзиёев2

Экинчи талапкер катары азыркы Каржы министри Рустам Азимовдун аты аталууда. Ал 1998-жылдан бери министрлик кызматтарды аркалап келет. Ташкен кланына кирет. Ал өтө тажрыйбалуу саясатчы катары сыпатталат. Бирок такталбаган маалыматтар боюнча андан чочулаган  премьер-министр Шавкат Мирзиёев каржы министри Рустам Азимовду акыркы 3 күндө катуу кайтартып, үй камагына олтургузуп койгон дешүүдө.

Рустам Азимов2

Үчүнчү талапкер катары азыркы Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Рустам Иноятовдун аты аталууда.  Бирок, анын жашы бир топко барып калган, 72 жашта. 1995-жылдан бери Улуттук коопсуздук кызматын башкарат. Ташкен кланына кирет. Жашына байланыштуу Иноятов президенттикке ат салышпаса да ал кимдин талапкердигин колдосо ошол талапкердин шансы күчтүү деп белгилешет билермандар.

Рустам Иноятов портрет

Ошондо Ташкен кланынын өкүлү Рустам Иноятов бийликтин балансын сакташ үчүн Жызак кланынын өкүлү, мамилеси жакын Шавкат Мирзиёевдун талапкердигин колдойбу же өзүнүн Ташкен кланынын өкүлү Рустам Азимовду колдойбу?

Булак: Кyrgyztoday.kg

Меню