Урматтуу Мекендештер!
Ардактуу Кыргызстандыктар!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын эгемендүүлугүнун 25 жылдыгы менен куттуктайбыз!
Чейрек кылым – бул жеке адамдын тагдырында гана эмес, мамлекеттин тагдыры үчүн дагы аз мѳѳнѳт эмес.
Бул убакытта биз кѳз карандысыз мамлекет катары калыптанып, өлкөбүз эл аралык уюмдардын толук кандуу укуктуу мүчѳсү катары демократиялык жана укуктук мамлекеттин пайдубалын түптѳй алды. Улуттук экономикабыз ѳнүгүү жолуна түшүп, дүйнѳлүк экономикада ѳз ордун тапты. Бизде күчтүү жарандык коом жаралып, сѳз эркиндиги жана ой-пикир плюрализми бекемделди. Намысты бийик тутуу, мекенчилдик, эркиндикти аздектѳѳ жана акыйкаттыкка умтулуу биздин улуттук мүнѳздүн ѳзгѳчѳлүктѳрү болуп калды.
Борбордоштурулган экономикадан рынок экономикасына, тоталитардык башкаруудан демократияга ѳтүү биз үчүн бир топ кыйынчылыктарды жаратты. Мамлекет башында тургандардын жеке кызыкчылыктары коррупция менен жеке пайданы коомдук идеологияга, анын ички ѳзѳгүнѳ айлантты. Келечекке карай ишенимдин жоголушу, жалпы жумушсуздук миграциянын толкунун күчѳтүп, миңдеген мекендештер сырт жакка кетүүгѳ мажбур болушту. Жеке кызыкчылыктар коомдун ички ажырымын күчѳтүп, жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин чектелиши, оппозициялык ишмерлердин куугунтукталышы, мамлекеттик бийликтин бир гана президенттин колуна топтолушу элдин нааразычылыгына жана толкундоолорго алып келди. Натыйжада биз эки жолу тагдыр чечүүчү учурду баштан ѳткѳрдүк: 2005-жылдагы март революциясында Конституцияны ѳз калаганындай ѳзгѳртүп, бийликти жеке басып алган президентти эл кубалап чыкты, ошондой эле 2010-жылкы апрель революциясында дагы элге берген антты бузуп, ѳлкѳнү талап-тоногон, бейкүнѳѳ мекендештердин канын тѳккѳн экинчи президентти да эл кубалады.
Элдин эркиндиги үчүн шейит кеткен баатырлардын жаркын элестерине таазим этип, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоого негизделген демократиялык, эркин мамлекет куруу ниетин билдирип, кыргыз мамлекеттүүлугүн бекемдѳѳгѳ карай бийик эрк жана бекем ишеним кѳрсѳтүп, эгемендүүлүктү жана элдин биримдигин кѳздүн карегиндей сактоону максат кылып, мыйзамдуулукка, социалдык адилеттүүлүккѳ, экономикалык бакубаттуулукка жана элдин руханий ѳсүшүнѳ умтулуп, ынтымакта жашоо жана табийгатка этият мамиле кылуу үчүн ата-бабалардын бизге калтырган осуятын эске алуу менен 2010-жылы Кыргызстан калкы жаңы Конституцияны кабыл алган.
Учурда бул Конституцияга кайрадан ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү аракети болуп жатат.
Ушул себептен улам биз, 2010-жылы түзүлгѳн кырдаалга ылайык ѳлкѳдѳгү туруктуулукту калыбына келтирүү максатында тарыхый жана саясий жоопкерчиликти ѳзүнѳ алган Убактылуу Ѳкмѳттүн мүчѳлѳрү, ѳзүбүздүн пикирди ачык айтууну туура кѳрдүк.
Азыркы Конституция мурдагы бийлик түзүмү айыгышкан каршылык кѳрсѳтүп, ок атылып, элдин бейкутчулугу бузулуп турган учурда кабыл алынган. Кайрадан бийликке келебиз деген күчтѳр аянышкан жок, аларды ѳлкѳнүн бүлүнүшү, бѳлүнүп жарылышы, кѳптѳгон адамдардын ѳмүрүн кыйган улут аралык кагылыш да токтото алган жок. Бирок, бир адамдын жеке бийлигин, мыйзамсыздыкты жана ѳзүм билемдикти орноткон бакиевдин конституциясы коомдун талабына жооп бербейт эле. Мындай кырдаалда конституциялык реформа жасоо, жаңы конституцияны кабыл алуу үчүн ѳткѳрүлгѳн референдум конституциялык мыйзамдуулукту жана коомдогу туруктуулукту калыбына келтирүүнүн жалгыз шарты болуп калган.
Убактылуу Ѳкмѳт тарабынан түзүлгѳн Конституциялык кеңешме бул маанилүү документти иштеп чыгууну жана аны талкуулоону ачык уюуштура алды. Буга чейин бир да Конституция мындай кеңири талкуу жана элдин терен катмарынын катышуусу менен даярдалган эмес. Алгачкы жолу Конституциянын бардык беренелери конституциялык түзүмдүн шарттарын айкын билуу, бийликтин тең салмактуулугун камсыз кылуу жана адам укуктарын сактоо мамлекеттик бийликтин ишмердүүлүгүнүн мазмууну экендигин терең түшүнүү менен даярдалды. Конституциялык кеңешменин отурумдары улуттук телевидениеден түз корсѳтүлүп турду, ал эми талкуунун стенограммалары жана сунуштар атайын уюшулган интернет-сайтта ачык жарыяланып, гезиттерге басылып турду.
Бул процесстин ачыктыгын камсыз кылууда жарандык коом болуп кѳрбѳгѳндѳй жигердүү аракет жасады. Жарандардан сунуштарды жана пикирлерди жыйноонун ачык жана түз механизмдери түзүлүп, натыйжада 5 миңден ашык сунуш түшкѳн. Ошондой эле Жарандык кѳзѳмѳл Комитети түзүлүп, эксперттер менен ыктыярчылардын чоң тобу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкѳн, миңдеген жолугушуулар, тегерек столдор уюшулган, миллиондогон баракчалар ѳлкѳнүн бардык булун-бурчуна чейин таратылган. Мунун барынын максаты жаңы конституциялык түзүмдүн маанисин элге жеткирүү эле. Ошондой эле кѳз карандысыз экспертизалар жасалды. Кыргызстандын тарыхында жаңы Конституция укуктук, укук коргоочулук, гендердик жана коррупцияга каршы, а түгүл экологиялык экспертизадан ѳткѳн алгачкы документ болуп калды. Конституциянын беренелери Эл аралык Венециялык комиссиянын жана башка таанылган, авторитеттүү эксперттердин да талдоосунан ѳттү.
Натыйжада биз бардык тараптардын пикирин камтыган Конституцияга ээ болуп, 2010-жылдын 27-июнундагы жалпы шайлоочулардын 70 пайызы катышкан Референдумда 90 пайыз добуш менен Баш мыйзам бекитилген. Биз парламенттик республика курабыз деп жарыя кылганбыз. Бул жалпы коомдук келишим болгон. Мекендештерибиз ѳз ишеними менен жаңы конституциялык түзүмдүн жана парламенттик системанын легитимдүүлүгүн камсыз кылышкан.
Жарандар Референдумга катышып жатканда эмне үчүн добуш берип жатканын так билишкен. Анткени ар ким тынчтыкты, туруктуулукту, тартипти жана коопсуздукту каалаган, эски авторитардык бийлик системасын биротоло жок кылып, жаңы легитимдүү бийликти орнотууга добуш берген.
Албетте биз алдыда дагы далай окуялар болоорун баамдаганбыз. Мурдагы замандагы кейиштүү тажырыйбаларды эске алуу менен бийликти кайрадан дагы жеке басып алуу аракети болоорун түшүнгѳнбүз. Эски адаттардан кутулуу оной эмес экендигин, бийлик кумары таттуу болуп, андан кол үзүш оңойго турбай турганын тарых далай жолу кѳрсѳткѳн.
Жаңы бийлик системасынан жаңыча ойлонгон, жаңыча түшүнүк менен жаңы адамдар керек. Жаңы саясий маданият да калыптануусу зарыл. Бул нерселер заматта боло калбайт, ага убакыт керек, далай мээнет, далай аракет керек. Ошондуктан Убактылуу Ѳкмѳт Конституцияга ѳзгѳртүү киргизилбесин деп 10 жылдык мораторий киргизген, аны 2020-жылга чейин кол тийгизбей сактайлы деп ниет кылган. Бул демилге жарандык коом тарабынан кызуу колдоого алынган. Мындай шарт жаңы системанын мүмкүнчүлүктѳрүн ачып, кайрадан мурдагы ахвалга кайтып кетпѳѳгѳ кепилдик бермек. Бул шарт эң маанилуу тарыхый жетишкендиктердин бири болуп калды деп айтууга болот.
Андан бери алты жыл ѳттү. Азыр бул кадамдын ийгиликтерин да даана кѳрүп турабыз. Жаңы Конституция ѳзүнѳ тагылган милдеттерди ийгиликтүү аткарууда. Ѳлкѳдѳ тынчтык орноду, коомдо туруктуулук калыптанды. Биз жарандык согуш алааматына кирептер болгон жокпуз, кай бир мамлекеттердегидей ич ара тирешүү да жок. Жаңы Конституцияга ылайык мамлекет башчы шайлоо аркылуу алмашты. Бул Борбордук Азияда биринчи саамалык болуп калды.
Бизде демократия дагы бекемделди. Конституцияда каралган адам укуктары биздин ѳлкѳнү бул чѳлкѳмдѳ гана эмес, дүйнонүн башка ѳлкѳлѳрунѳ салыштырмалуу дагы прогрессивдүү ѳлкѳлѳрдүн алдынкы катарына чыгара алды.
Мурдагы Конституциялар да саясий күрѳштүн барымтасында калып, тиги же бул адамдын кызыкчылыгы үчүн далай жолу ѳзгѳртүлгон. Учурдагы Конституция мындай тоталитардык кол салуудан жакшыраак корголгон, ал бийликти жеке басып алууну каалаган адамдарга жол бербейт, тоскоолдук кылат.
Алты жыл ѳткѳндѳн кийин биздин Конституциянын артыкчылыктарына күбѳ болуп турабыз. Учурунда мамлекетке туруктуулук берген, бир топ жыл алдыга карай бийик дѳѳлѳттѳргѳ негиз болуп калган мындай документ менен сыймыктансак да болот.
Ошондуктан биз Конституцияга ѳзгѳртүү киргизүү демилгесинин процедурасына гана эмес, анын ички мазмуунуна дагы каршы экенибизди билдиребиз.
Мисалы, биринчи беренеге 30 га жакын “бийик дѳѳлѳттѳрдү” кошумчалоо сунушталып жатат. Бул сунуш жарандардын укуктары менен эркиндиктерин чектѳѳнүн жолу болуп калуусу толук мумкун. Анткени аталган “бийик дѳѳлѳттѳр” юридикалык эмес, моралдык жана философиялык түшүнүктор, алардын акыктамалары так эмес, кандайдыр бир тарыхый кырдаалга же саясий режимдин каалосуна ылайык каалагандай чечмелѳѳгѳ болот. Мындай жагдай жарандардын укуктарын чектѳѳгѳ шылтоо болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт, биз кайрадан тоталитардык заманга тушугуп калышыбыз толук ыктымал. Биз андай замандан, авторитардык бийликтен ѳтѳ оор жоготуулар менен кутулганыбызды, укуктук коом курууга багыт алганыбызды унутпайлы.
Ошондой эле сот системасы дагы ѳз алдынча болбой, Президент менен Ѳкмѳттѳн кѳз каранды болуп калат, ал эми Конституциялык кѳзѳмѳл жок кылынат. Сунуш кылынган ѳзгѳртүүлѳр сот реформаларын жокко чыгарат.
Ѳкмѳттүн укуктарын кенейтүүгѳ жана бекемдѳѳгѳ багытталган сунуштар аны Жогорку Кенештин, прокуратура органдарынын жана коомдун кѳзѳмѳлүнѳн таптакыр чыгарат, Ѳкмѳттун ѳзүм билемдигин жана берилген укуктардан кыянаттык менен пайдалануусун күчѳтѳт.
Коом ѳзгѳрүп турарын, дүйнѳ ѳзгѳрүп турарын, аларга ылайык жаңы талаптар, жаңы тарыхый кырдаалдар пайда болоорун биз деле түшүнѳбуз. Конституцияга деле ѳзгѳртүүлѳр зарыл болуп калат, бардык жагынан тѳп келген документ болбойт. Бирок, пайда болуп жаткан тобокелчиликтер менен коркунучтар мурдагы келишимди жокко чыгарууга, элдин ишениминен ажыроого татыбайт, элдин биримдиги менен коомдун туруктуулугу барынан жогору.
Биз Президентти, Жогорку Кенештин депутаттарын 2020-жылга чейин Конституцияны ѳзгѳртүүдѳн баш тартууга чакырабыз. Учурдагы Конституцияны ѳзгѳртүү 2020-жылдын 1-сентябрынан кийин гана мүмкүн.
Биз Кыргызстан элин аракеттеги Конституциянын кол тийгистигин 2020-жылга чейин коргоого жана ѳлкѳдѳ авторитардык режимдин калыбына келишин токтотууга чакырабыз.
Урматтуу Мекендештер!
Конституция бизди бѳлүп-жарбай, тетирисинче бириктирүүгѳ тийиш.
Келгиле, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгын биримдикте, ынтымакта тосолу, ошону менен бирге Кыргызстандын жаркын келечегине ишенимде бололу!
Эгемендүүлүк күн кут болсун!
Отунбаева Р.И.
Бекназаров А.А.
Дюшебаев К.
Исаков И.И.
Ибраимова Э.С.
Каптагаев Э.
Текебаев О.Ч.
Шерниязов Б.Э.