Menu

Ниццада каза болгондордун саны 84кө жетти

Франциянын Ницца шаарындагы теракттан набыт болгондордун саны 84 кишиге жетти. Кечээ Бастилияны алган күндү белгилөөдө жүк ташыган унаа чогулуп турган адамдарды жиреп кирген.

Өлкөнүн ички иштер министри Бернар Казнёв билдиргендей, 100дөн ашуун киши жарадар болду. 18 адам өтө оор абалда. Каза болгондордун арасында балдар көп.

Окуя он миңдеген адам майрамдык фейерверкти көрүп жаткан маалда болду. Жүк машине чоң ылдамдыкта эл чогулуп турган жолдо 2 чакырым жүрүп өттү. Айдоочусу полиция менен атышууда өлтүрүлдү. Унаанын ичинде чоң калибрдеги курал жана гранаталар табылды. Өз булактарына таянып Франс агенттиги жазгандай, машинеде Тунистен келген Ниццанын 31 жашар жашоочусунун документтери табылган.

Франция президенти Франсуа Олланд окуяны теракт деп атады. Жумага караган түнү өлкө башчысы телеберүү аркылуу чыгып, мерт кеткендердин үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.

Олландын айтымында, 26-июлда бүтө турган өзгөчө кырдаал тартиби эми дагы үч айга созулат. Жакынкы арада парламентте тийиштүү мыйзам долбоору каралат.

Орусия Украинадан Кыргызстанга жана Казакстанга бараткан 130 вагонду кармады

Орусия чек арада Украинадан Кыргызстанга жана Казакстанга бараткан 130 вагонду кармады. Бул тууралуу «Укрзализныця» темир жол транспорт администрациясына таянып РИА Новости кабарлады. Вагондор Украина менен Беларустун чек ара бекеттеринде турат.

Буга чейин Украинанын экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги украин-орус чек арасында Казакстан менен Кыргызстанга бараткан 59 вагон кармалып турат, ал эми Беларус менен Орусиянын чегинде дагы 55 вагон жана 50дөй жүк машине кармалды деп билдирген эле.

Басылманын маалыматы боюнча «Укрзализныця» жүктөрдү жеткирүү үчүн альтернативалык каттамдарды сунуштоодо. Маселен, Украина, Грузия жана Азербайжан аркылуу өтчү «Жибек жолу» айтылууда.

2016-жылдын 1-июлунда Орусия өз аймагы аркылуу өтчү украин товарларына кошумча чектөөлөрдү киргизди. Жаңы эрежелер бир катар украин өнүмдөрүнө салынган тыюунун мөөнөтүн 2017-жылдын 31-декабрына чейин узартып, Кыргызстан менен Казакстанга транзит менен өткөн товарларды чектеп, ал эми эмбаргого туш келген же төлөм алына турган товарларды өз аймагы аркылуу өткөрүүгө толугу менен тыюу салат.

«Жарандык платформа» КФ – Кыргызстандын пилоттук 10 калктуу конушунда шайлоочулар жана жарандык сектордун активисттери үчүн 20 тренинг өткөрүүнү ниеттенүүдө

Окутуунун максаты  – депутат менен шайлоочулардын ортосундагы өз ара мамилени жөнөкөйлөтүү, муну менен бийлик менен жарандардын диалогун кыйла ачык жана натыйжалуу түзүү.

Тренингдердин биринчи кезектеги максаты  – калк арасында жарандык аң-сезимдин жана саясий маданиятты өнүктүрүү, электоралдык активдүүлүктү жогорулатуу, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын ишиндеги «ачыктык жана отчеттуулук индексин» практикага киргизүү болуп саналат.

Жарандык активисттерди окутуу 10 пилоттук субьектте  – Кыргызстандын 6 шаарында жана 4 аймактык округунда өткөрүү пландаштырылууда. Пилоттук округдар катары Ош, Майлуу-Суу, Каракол, Кемин, Балыкчы шаарлары жана  Кара-Суу, Өзгөн, Араван жана Ноокат айылдык округдары тандалып алынган, аларда депутаттык корпуска шайлоолор 2016-жылы жазында өткөн.

Тренингдер жарандык институттардын маанисин түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет, алар бүгүнкү күндө коомдо кызыкчылыктардын балансын камсыз кылууда маанилүү ролду ойнойт, жеринде актуалдуу маселелерди аныктоого өбөлгө түзөт, жарандардын аларды натыйжалуу жана даректүү чечүүдө потенциалын мобилизациялайт.

Жогоруда саналып өткөн бардык иш-чаралар  кабыл алынуучу чаралар үчүн коомдук контролду күчөтүү жана кызмат адамдарынын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча иштин жаңы деңгээли катары шайлоочулардын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын кеңири жана өз ара аракеттенүү системасын өркүндөтүүдө алгачкы баскыч болуп саналат.

Маалымат иретинде:

«Жарандык платформа» коомдук фонду – бул коммерциялык эмес, өкмөттүк эмес уюм (ӨЭУ), анын миссиясы Кыргызстандын жарандарынын саясий, экономикалык жана социалдык бакубаттыгына жетишүү үчүн жарандык коомдун институттарынын потенциалын түзүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган.

Фонддун максаты жарандык демилгелерди илгерилетүү, жарандык коомдун институттарын бекемдөө жана Кыргыз Республикасында демократиянын негиз түзүүчү принциптеринин жана адам укуктарын коргоонун натыйжалуу механизмдерин түзүүгө көмөк көрсөтүү максатында жарандардын укуктук маданиятын жогорулатуу.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Ажыларды эмдөө башталды (эмдөө пунктарынын даректери)

2016-жылы ажылык сапарына баруучуларга 14-июлдан тарта эмдөө иши башталды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. Ажыларды эмдөө үстүбүздөгү жылдын 30-июлуна чейин республиканын бардык аймактарында жүргүзүлөт.

Ажыларды эмдөө пунктары:

Ош облусу жана Ош шаары, облустук ЦСМ-эмдөө кабинети;

Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад шаардык ГСВ №1- эмдөө кабинети;

Баткен облусу, облустук ЦСМ- эмдөө кабинети;

Талас облусу, облустук ЦСМ- эмдөө кабинети;

Ысык-Көл облусу, облустук ЦСМ- эмдөө кабинети;

Нарын облусу, облустук ЦСМ- эмдөө кабинети;

Чүй облусу, Ысык-Ата райондук ЦСМ, Сокулук райондук ЦСМ;

Бишкек шаары ЦСМ№10- эмдөө кабинети.

Семетей Талас уулу, журналист: "СДПКнын Нарын боюнча өкүлдөрүнүн арасында "ярый" хизбуттар бар, илгери алар кадимки эле бандиттер болчу"

Кыргызстанда Хизбут тахрир радикал кыймылы абдан күчөп атат, Атамбаев өзү билбесе керек, бирок КСДПда Нарын боюнча өкүлдөрүнүн арасында “ярый” хизбуттар бар, илгери алар кадимки эле бандиттер болчу, азыр ыйманга келимиш этип, намаз окуп жүрүшөт. Алардын таасири жаштарга, түрмөдөгү бандиттерге, коңшу-колоңдорго жайылып атат. Атамбаев, сен баннер менен эмес, ошолор менен күрөш! Анткени, чыныгы мусулман террорист эмес, террорист мусулман эмес. Так ушул хизбут жана харижиттерден экстремисттер көп чыгат!

Семетей Талас уулу, журналист

facebook

Видео - Кыргызстандагы акыркы немистер: алар кимдер жана кандай жашашат?

Бишкектен 20 чакырымдай алыста жайгашкан Люксембург айылында азыр жүздөй эле немис улутундагы адамдар жашайт. Ал эми жалпы Кыргызстан боюнча этникалык немистердин саны 10 миңдин тегерегинде. Бул адамдар кандай жагдайда Азияга келип калган жана азыр кайсыл жакка көчүп кетип жатат? Бул сууроолорго төмөндөгү тасмадан жооп алсаңыз болот.

Ангела айым Бабановду “башкача” карады (фото)

Кыргызстанга биринчи жолу расмий сапар менен келген Германия канцлери Ангела Меркель кечээ төрөга Чыныбай Турсунбеков баш болгон Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушту. Жолугушууга парламенттеги фракциялардын лидерлери Иса Өмүркулов, Өмүрбек Бабанов, Канат Исаев, Өмүрбек Текебаев, Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Алмазбек Баатырбеков, бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Аскарбек Шадиевдер катышышты. Анда эки тараптуу достук мамилелерди мындан ары да тереңдетүү, парламенттер аралык кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрүү, экономикалык багытта кыматташуу, инвесторлорду тартууга жана аларга максималдуу түрдө ар тараптуу шарттарды түзүп берүү боюнча сөз болду.

Анан дагы бир кызык жагдай – Ангела айымдын “Республика – Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановго “башкача” караган көз карашы болду. Тагыраагы, тизилип турган депутаттар менен четинен кол алышып учурашып келе жаткан Меркель “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев менен көрүшүп жаткан учурда анын жүзүнө карабай, жанында турган Бабановду сүйкүмдүү карап турганы соцтармакта талкууга түштү. Кээ бирлер “биздин Бабанов “красавчик” да” десе, кээлери “Меркель кимге карашты билет” деп Бабановду кийинки президент атап жиберишти. Ким билет, Европанын “энеси” аталган Ангела айым да оңой адам эмес, балким Бабановдун бешенесинен бир нерсени көрүп жаткан жокпу?

Бабанов

Булак: Кyrgyztoday

Видео - Алмаз Атамбаевдин "биз кайда баратабыз?" деген суроосуна мусулман кыргыз кыздары минтип жооп беришти

Кечээ, 14-июлда Алмаз Атамбаев Германиянын канцлери менен бирге берген маалымат жыйынында Кыргызстанда чуулган жараткан “Кайран элим, биз кайда баратабыз?” деген исламдашууга каршы баннерди колдой турганын жана ал баннерди бүткүл өлкө боюнча таратууга акча бөлүп жатканын билдирген.  Атамбаевдин “Биз кайда баратабыз?” деген риторикалуу суроосуна мусулман кыргыз кыздары жооп кайтарышыптыр.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Качкын Булатов: “”Милициянын таза эмес ишин көрүп туруп, кантип урмат-сый көргөзүп, кантип кылмышкер генералдарды сыйлайбыз”

Көз карандысыз мамлекет болгондон бери ажолорбуз генералдык наамды катар-катары менен таратууга өттү. Балким, ушунун негизинде наамдын баркы кетип, “генералдарыбыздын” баасы түшүп, акыры түбү, саны бар, сапаты жок “жасалма” генералдар дагы өлкөбүздү экономикалык кризиске такап жаткан жокпу? Балким, иттин өлүгү ушул жерде көмүлүп жатпасын?

Мамлекеттин коопсуздугун сактап, мүлкүн кайтарам деп ант ургур генералдар тескерисинче өлкөнүн казынасын уурдап, мүлкүнө кол салып, коопсуздукту камсыз кылуунун ордуна уюшулган кылмыш топторду уюштургандыгы калппы? “Генерал” деген наамга жетиш үчүн мамлекет, эл үчүн татыктуу, таза эмгек, абийирдүүлүк менен ак кызмат өтөө зарыл.  Калктын алдында эмгеги сиңип, эл ичинде бааланып, кадыр-баркка жетиши керек. Көрүнүктүү иши жок туруп, болор-болбос себеп менен бийликке келип,  кайсы бир деңгээлде даражага ээ болуп, болбой турганында эле “шалп” эттире “генерал” наамын бере салуу акылга сыйбаган иш болуп жатпайбы. Ошол эле генерал коррупциянын башаты болуп, мамлекеттин жана жеке менчиктин мүлктөрүн уурдап, ууруларга көмөкчү болуп келишкени калп эмес. Экс-вице-премьер Шамил Атахановдун айтымында, бир эле коррупцияга аралашкан милициянын зыяны бир криминалдык топту басып өтөт. Ал эми ИИМ министри же орун басарлары эмне деген зыян келтирип жатышат? Өлкө башчылары алардын келтирген зыяны алаканга салгандай көрүнүп турса да, “генерал” деген наамды ыйгарып жатканы өтө кейиштүү көрүнүш.

“Балык башынан сасыйт” дегендей, башындагы министрлер паракор болуп, жемкорлук менен алектенгени үчүн ылдыйкы участкалык милиционерлерге чейин сый пул талап кылып, жеңил акчаны көздөгөн жолдорго түшүп кетип жатышпайбы. Өлкөбүз демократиялуу болгону менен бийлик индульгециясы – бийликти сатып алуу көрүнүшү орун алып, акчага айыпкерлердин күнөөсүн кечип, жазадан куткарып атат. Ошого карабастан, генералдык бийик даражага жетишип жатканын көрүп келатабыз. Саат сайын параны жен ичинен оргуштатып алган жол кайгуул кызматкерлерине мыйзамдын ченеми барбы? Албетте, жок. Жол кайгуул кызматынын чогулткан акчасын бөлүшүп олтуруп, акыры министрге чейин жетип жатканы жалган эмес. Ошентип, жеке кызыкчылыгын көздөп, акча алуу менен алек болгон тергөө, ыкчам иликтөө топтору, экономикалык кылмыш менен күрөшүү боюнча иштеген күч органынын тамтыгы чыгып бүттү. Ал эми кылмыштарды жаап-жашыргандыгы үчүн күч структураларынын кызматкерлерине мамлекет кайра кадырлап, “генерал” деген наамды берип, 50-60 миң сом менен пенсияга чыгарып коюп жатпайбы. Ал эми карапайым калк болор-болбос, турмушуна өп-чап жеткен 2 700 – 4000 сомдун тегерегинде пенсия менен күн өткөрүп жатканда, калыстык кайда деген ой кетет. Ушундан улам ички иштер тармагында, каржы полициясында, УКМКда, мамлекеттик салык кызматында, аскер кызматында иштегендердин  алган наамдарын кайрадан карап чыкпаса болбойт.

Беш миллион калктын бир миллиону гана мыйзамдуу салыктарды төлөшөт. Анан калса ошол салыктан чогултулган мамлекеттин бюджетиндеги каражаттарды дагы жөн койбой уурдашып, калганын генералдар калпып кеткенден кийин жөнөкөй жарандарга жугу да калбайт. Генералитеттерди өлкөгө ири зыян алып келген “персоналдар” катары урматтаганыбыз туура эмес го. Логика кайда, орустар айткандай, “битый не битого везёт”. Же “кылмышкер” милицияларды урматтаганыбыз туурабы. Бийлик алмашса эле, команданы кайра түзүү зарылдыгын бетке кармап, ИИМдин жетекчилигин кошо алмашатыра салышат.  Кызмат өтөп келген милицияга кайрадан башынан команда түзүүнүн зарылдыгы канча, же бул бизнес же админстрациялык иш болбогондон кийин, ак кызмат өтөөгө ант берген бийлик болгондон кийин улам ордун алмаштыра берүү логикага туура келбейт. Ак ниети менен кызмат өтөйүн деген милиция кызматкерлери жокко эсе, тандалбай туруп, тандалса дагы жердеш, тууганчылык, регионалдык система менен кызматка көтөрүлгөн милициянын кереги барбы, андайлардын пайдасынан зыяны  коп. Эгерде кызмат өтөп көтөрүлгөн милицияны көп эле алмаша берсе, мамлекетке зыяны эле тийет. Анда акча чогултуу менен алек болуп калат, азыркы милиция кейпиндей. Мындайды тез аранын ичинде токтотуш керек. Бир тармагын реформа кыла албаган милицияга эмнеге урмат-сый көргөзөбүз, же тергөөнү түзүк алып  бара албаса, кылмыштарды жашырса, согуш болбосо да, жол кырсыгынан алты жылдын ичинде он миң адамдын өмүрү кыйылыптыр, ким жооп берет, же жанагы паракор генералдар жооп береби. Жылына он миңден кем эмес кылмыш иш козгошот, ошонун 80 % кайра токтотот, ар бир кылмыш токтоткон – бул акча, ошондой амалданууга ким жол берет, так ушу генералдар. Кылмыштуу уюшкан топторго алака түзүп, мамлекетке жана коомго коркунуч жаратып жаткан үчүн ким бизди коргойт. Айтор милициянын таза эмес ишин көрүп туруп, кантип урмат-сый көргөзүп, кантип кылмышкер генералдарды сыйлайбыз

Урматтуу Алмаз Шаршенович!

“Көч жүрө-жүрө түзөлөт” дегендей, кеч болсо дагы мындай кырдаалды оңдоп кетүүгө болот деп мен ишенем.

Качкынбек БУЛАТОВ, укук коргоочу

Активисттер Текебаевди мандатын тапшырсын деген демилге көтөрүшүүдө

Өмүрбек Текебаевдин борбор калаанын чок ортосунда жайгашкан эскилиги жеткен үйлөрдү мэриянын карамагына өткөрүп, аларды бузуп, ордуна заманбап үлгүдөгү имараттарды куруу боюнча иштеп чыккан мыйзам долбоору коомчулуктун кыжырын келтирүүдө. Жаңы мыйзам долбоору тарыхый Бишкек шаарынын борборун аныктайт.

Ал Сүйүнбаев, Ахунбаев, Жибек Жолу, Жаш Гвардия бульвары болуп эсептелет. Мына ушул аймактардагы эскилиги жеткен үйлөр эки тараптын макулдашуусу менен бузулат. Теке­баевдин жаңы мыйзамына ылайык, жеке менчик үйлөрдү көз карандысыз баалоочулар баалап беришет. Ал баа базар баасындагы батирлердикиндей эле болуусу керек. Бул жагдай жеке менчик ээлерин бушайманга салууда. Анткени борбордун чок ортосундагы жер тилкеси адатта кымбат. Эми ошол жерди Текебаев мыйзамдын күчүнө салып, арзан баага ээсин аргасыз макул кылдыруу жолу менен курулуш магнаттарына тартып берүүнү көздөөдө. Бул мыйзамды өткөрүүгө жандалбастап жаткан Текебаевдин аялынын курулуш компаниясы барын эске алсак, жеке кызыкчылык жыттанып жатканын баамдоо кыйынга турбайт. Мындан улам, коомчулуктагы айрым активисттер Текебаевди мандатын тапшырсын деген демилге да көтөрүшүүдө…

Булак: “Фабула”

Видео - Чубак ажы Жалилов талаштуу баннерлер боюнча оюн билдирди

Акыркы күндөрү коомчулук арасында кызуу талкууланып жаткан “Кайран элим, кайда баратабыз?!” деген жарнактар тууралуу белгилүү дин аалымы, экс-муфтий Чубак ажы Жалилов өз оюн билдирди.

Чычкан капчыгайында "Спринтер" дарыяга кулап, айдоочусу дайынсыз болууда

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Чычкан капчыгайында “Мерседес-Бенц Спринтер” автоунаасы дарыяга кулап кетти. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, автоунаа Бишкектен коон жүктөп бара жаткан. Айдоочунун жанында болгон Ош шаарынын тургуну Алмаз Кадыров өзү унаадан чыгып, ооруканага кайрылган. Ал эми айдоочу, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну Бекназар Бакасбаев учурда дайынсыз болууда. Издөө иштери жүрүп жатат.

Видео - Францияда Бастилияны алган күн майрамында теракт болуп, 80дей киши каза болду

Кечээ, 14-июль күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 24.00. чамасында Франциянын Ницце шаарынынын борбордук көчөсүндө Бастилияны алган күн майрамын белгилеп, салют көргөнү чыгышкан миңдеген француздарга каршы теракт жасалган. Оор жүк ташуучу машина катуу ылдамдык менен келип, жайнаган адамдардын үстүнө салып жиберген жана 2 чакырымдай аралыкка токтобой адамдарды тебелеп жүрүп олтурган. Качан гана полиция айдоочуну атып өлтүргөндөн кийин машина токтогон. Натыйжада 80 дей киши каза болуп, 120дан ашык киши ар түрдүү жаракаттар менен ооруканаларга жеткирилген.

https://www.youtube.com/watch?v=UFTsaebMBus

https://www.youtube.com/watch?v=ZsYiRgDdxDg

теракт в Нице

теракт в Нице4

теракт в Нице5

теракт в Нице8

теракт в Нице9

теракт в Нице10

теракт в Нице11

теракт в Нице12

теракт в Нице14

теракт в Нице17

Алмаз Атамбаев Франция Президенти Франсуа Олландды Бастилия алынган Күн менен куттуктады

Алмаз Атамбаев Франция Президенти Фрасуа Олландды улуттук майрам – Бастилия алынган Күн менен куттуктады. Бул тууралу  КР президенттик аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

«Кыргызстан менен Франция ортосундагы салтка айланган достук мамилелер урматтоонун жана эки тараптуу пайдалуулуктун принциптеринде биздин элдерибиздин бакубатчылыгына кыйшаюусуз өнүгүп жана тереңдей берерине ишенем», — деп айтылат Атамбаевдин телеграммасында.

Алмаз Атамбаев Президент Франсуа Олландка бекем ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишинде мындан аркы  ийгиликтерди, ал эми Франциянын дос элине – тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Камчы Ташиевдин “7-канал” телеканалы 100% Икрамжан Илмияновго өттү

Былтыр, 2015-жылы, парламенттик шайлоонун алдында, өлкөнүн түштүк аймагында өзүнүн оппозициялык багыты менен популярдуу болгон  “7-канал” телеканалынын 50% энчисин саясатчы Камчы Ташиев Алмаз Атамбаевдин оң колу Икрамжан Илмияновго сатканы тууралу маалымат тараган.

2015-жылдын 4-октябрына белгиленген парламенттик шайлоонун алдында Атамбаев өзүнүн кеңешчиси Икрамжан Илмияновду түштүк боюнча “смотрящий” кылып дайындап, мурункудай толук бойдон Аалы Карашевдин группировкасына таянбай өзүнүн тобун түзө баштаган.  Ага чейин Баткен облусуна гана  “смотрящий” болуп жүргөн Икрамжан Илмиянов эми Ош жана Жалал-Абад облустарын да көзөмөлдөөгө өткөн.

Алдыда келаткан шайлоолордун үгүт иштерин бийлик тараптын максатына оодаруу үчүн Икрамжан Илмиянов Бишкекте “Вечерний Бишкек” басма үйүн А.Кимден тартып алып, “Политклиника” гезитин ишке салып,  Ошто “ОшТВ” телеканалын Мелис Мырзакматовдон алып коюп, башкы офиси Жалал-Абадда жайгашкан “7-канал”  телеканалынын 50%ын Камчы Ташиевден сатып алган.

Быйыл, 2016-жылы “7-канал” толугу менен, 100% Икрамжан Илмияновдун карамагына өткөнү маалым болду. Редакциянын чыгармачыл составы ошол бойдон эле иштеп жатышканы, Алтынбек Жумаев жетекчи катары калганы да белгилүү. Болгону  “7-канал” азыр Адахан Мадумаров, Өмүрбек Суваналиев, Бегалы Наргозуев, Равшан Жээнбеков сыяктуу бийликке оппозициячыл саясатчыларды кайра-кайра “шыбамай” адат тапканын айтып жатышат. Демек, телеканалдын идеологиялык саясаты да кескин өзгөрүп жатканы билинип калды.

Мурун Баткенден башканы билбеген Икрамжан Илмиянов азыр Ош менен Жалал-Абадга байма-бай каттап, ар кандай сый-тамактарды уюштуруп, жергиликтүү жетекчилерди дайындап, толук бойдон түштүккө “смотрящий” болууда. Келаткан жылдагы президенттик шайлоодо Икрамжан Илмиянов “өлкөнүн президентин биз тандайбыз, кийинки президент Сооронбай Жээнбеков  болот”  дегени тар чөйрөдө кызуу талкууга түштү.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Орозбек Дүйшеев, эксперт: “Жеңил өнөржай жана тоо кен тармагына мамлекет тарабынан көңүл бурулбай калды”

–Орозбек Дүйшеевич, сиз көптү көргөн, элге эмгеги сиӊген өндүрүшчү жана такшалган саясатчы катары, учурдагы кыргыз өкмөтүнүн башкаруу структурасын өзгөртүү боюнча жүргүзүп жаткан иш-чараларына оюңуз кандай?

Өкмөттүн бүгүнкү жүргүзүп жаткан иш-чаралары бизге ветерандарга жагат. Сооронбай Жээнбеков өндүрүштө такшалган адам, элдин кызыкчылыгы үчүн аракеттенип жатканы көрүнүп турат. Жакында массалык маалымат каражаттарында 304 номерлүү премьер-министрдин буйругу чыкты. Анда жумушчу топ түзүлүп, ал топко министрликтердеги, административдик ведомстволордо жана башка өкмөткө караштуу мамлекеттик органдардагы штаттык эсептерин, алардын аткарган функцияларын изилдеп, анализдөө маселелери жүктөлгөн. Бул материалдар жалпы эле өкмөттүн аткаруу структурасын жаӊылап түзүүгө багытталганы көрүнүп турат. Мындай чечкиндүү (радикалдык) чечимге баруу бүгүнкү күндүн талабы. Кыргызстан эгемендүү башкарууга өткөндө өнүккөн агрардык-индустриялык өлкө экендигибиз бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон. 15 союздук республикалардын арасында ар бир жанга өндүргөн ички продукция боюнча 4-5-орунда турганбыз, ал эми Орто Азия боюнча биринчи орунда элек. Өлкөбүздө алдыӊкы катардагы тоо-кен тармагы, машина куруу өндүрүшү, жеӊил өнөр жайы, өнүккөн айыл-чарбасы болгон. Өндүрүштө жумушчу күчү жетишпей, чет элдерден келип иштеп турушкан. Бүгүнкү күндө жумушсуздук каптап, жүз миӊдеген алдуу-күчтүү, келечектүү жаштарыбыз чет өлкөлөрдө жумуш издеп, күн көрүүдө.

–Мамлекеттик башкаруу структурасын түзүүдө эмнеге көӊүл бурулушу керек?

Эӊ негизгиси, бул чоӊ иште илимге, дүйнөлүк практикага жана элибиздин менталитетине кайрылышыбыз талапка ылайык болот. Илимде далилденип, аксиома болуп калган: “Коомдун негизин экономика түзөт, байлык өндүрүштө пайда болот. Өндүрүш тынымсыз өсүүдө болуш үчүн кеӊейтилген өндүрүш (расширенное воспроизводство) методун колдонуш керек. Бул метод капиталды концентарциялоо (топтоо), акыл менен кооперациялоо жана адистештирүү (специализация) принциби менен (мыйзам жолу) ишке ашат”. Бул принцип өлкөдөгү саясый системага баш ийбейт, кайсы система бул принципти жакшы колдонсо, ошол өлкөнүн экономикасы тездеп өсөт. Маселен, Кытай Элдик Республикасында – “бир өлкө, эки система” деген ураанын колдонушуп, экономикасы тездеп өсүүдө. Кыргызстан эгемендүү башкарууга өткөндөн баштап, акыл калчап иш кылбай, чет элдик жана жергиликтүү аферисттердин сөзүн угуп, өндүрүштү талап-тоноонун үстүндө болдук. Биринчи 15 жыл ошентип өттү. Андан кийин деле толук түшүнбөстүк өкүм сүрүүдө. Бүгүн бул мамлекеттик башкарууну чечкиндүүлүк менен өзгөртүүгө убакыт жетти.

–Көптөгөн чиновниктер, депутаттар өкмөттүк уюмдардын эсебин кыскартуу керектигин көп айтышат го?

Биздин өлкөдө түшүнүп-түшүнбөй эле сунуштарды айтып, элдин оюн экиге бөлгөн адамдар көбөйдү. Бул маселени туура чечүү да илимге таандык. Эӊ негизги укук менен жоопкерчиликтин балансын жана мүмкүнчүлүктү изилдеп чыгуу шарт. Мен ошондуктан, жогоруда көрсөтүлгөн өкмөт жумушчу топ түзүп, бүгүнкү күндөгү структураны анализдөөсүн эӊ туура деп эсептеймин. Өкмөттүк уюмдар адистештирилген принципте түзүлүшү тийиш. Кыргызда “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” дейт. Өндүрүшкө байланышкан уюмдар, алардын өзгөчөлүгүнө жараша түзүлүшү керек. Алардын жетекчилери ошол тармактын адистери болуп, кызмат убагында ал тармактагы маселелерди туура чечүүгө жардам бериши талапка ылайык. Бүгүнкү өкмөттүн курамында министрликтер, комитеттер, агентстволор, кызматтар жана дагы башка уюмдар болуп 40тан ашат. Өндүрүш боюнча бар болгону 3-4 министрлик, калгандары текшерүүчүлөр, тескөөчү органдары. Ошондуктан, өндүрүштү өстүрбөй күнүгө текшерип, басмырлап иштетпей жатат. Демек, алардын санын кыскартып, сапатын жакшыртууга толук мүмкүнчүлүк бар. Өндүрүшчү уюмдарды жандантып, алардын өзгөчөлүгүнө карап, өкмөттүк уюмдар (министрликтер ж.б.) түзүү менен биз бул өндүрүшчүлөрдүн экономикада ролун (аброюн) өстүрүп, жоопкерчилигин жогорулатуу менен өндүрүштүн өсүшүнө шарт түзөбүз. Кээ бир мамлекеттик башкарууда (саясатта) тайкы түшүнүгү бар адамдар: “Кыргызстан кичинекей өлкө, ошондуктан, министрликтин санын минимумга түшүрүлсүн” дейт. Министрликтин саны өлкөдөгү мамлекетке маанилүү тармактын эсеби менен байланыштуу. Министр деген сөз – “кызмат кылам” деген эле мааниде. Демек, бир тармактын министри ошол тармактын адиси болуу менен эл алдында анын келечегине жооп бере турган адам. Кээ бирөөлөр “министрлик көбөйсө эле чиновниктердин саны өсүп кетет” деген түшүнүктө жүрүшөт. Министрликти түзүүдө анын экономикадагы орду, иштеген адамдардын санын эске алып, башкаруу аппаратын эӊ эле аз курамында түзсө болот. Кээ бир саясаттын дилетанттары министрликти түзүүнү, советтик доорду ордуна келтирүү катары түшүнүшүп, негизсиз ойлорду айткандар да бар. Мындай адамдар саясаттан сабатсыздар десек болот. Көптөгөн турмуш тажрыйбасы көрсөткөндөй, советтик доордо адам баласына пайдалуу көптөгөн иш чаралар аткарылган, анда “ар бир аракет адам баласы үчүн” деген. Эӊ адамкерчиликтүү ураан алдында иш жүргүзүлгөн. Ал ураан көпчүлүк убакта аткарылган. Ошондуктан, дүйнөлүк практикадагы жакшылыктарды, андагы саясый системага карабай кабыл алуу ар бир прогрессивдүү жарандын ыйык милдети болуп саналат.

 –Сиздин оюӊузча кайсы министрликти түзүүнүн кереги бар?

 Менимче, жеӊил өнөржай министрлигин жаӊыча түзүү талапка ылайык. Биз билебиз, советтик доордо жеӊил өнөр жай министрлиги Кыргызстанда өнөржай өндүрүшүнүн көлөмүнүн жарымысынан көбүн ушул министрлик берчи. Кийинки 3-4 жылда бул тармакта көптөгөн иштер жүргүзүлүп, маалымат каражаттарында айтылганына караганда, жүз миӊдеген адамдар эмгектенишүүдө. Буларга мамлекеттен жардам өтө аз көрсөтүлүүдө. Министрлик түзүп, жетекчилигине жакшы адис дайындалса, элибизге көп пайда болоруна шек жок. Экинчи менин сунушум, тоо-кен тармагы боюнча министрлигин түзүү. Биз 15 жылдан бери какшап айтып келебиз. Бул тармак өзгөчө татаалдыгы менен айырмаланат. Бүгүнкү күндөгү акыбалы өтө оор. Ал жөнүндө көп эле айтылып жана жазылып жатат. Бул тармакты башкарууда бирдиктүү мамлекеттик уюм болушу, КР Башмыйзамынын талабын аткарууга багытталат. Кен байлыктар элдин байлыгы жана мамлекеттик менчик. Аны айрыкча коргоо мамлекетке жүктөлгөн. Министрликтин структурасы, анын укуктары жана жоопкерчиликтери боюнча сунуштар бар, ассоциациянын адистери бул маселеде жардам берүүгө даяр. Өлкөнүн өсүшүндө жалпы эле адам баласынын алдыга жылуусунда илимдин ролун айрыкча орду бар. Кейиштүүсү, биздин өлкөдө өткөн 25 жылда илимдин турмуштагы ролу эбегейсиз төмөндөдү. Буга себеп, өлкөбүздө саясат талап-тоноочулукка, өндүрүштү талкалоого багытталгандыгы болду. Илим тармагы формалдык шартта жашоого өттү. Илимдин өлкөбүздүн экономикасынын өстүрүүгө, колдонууга шарт түзүлгөн жок. Мындай оор абалдан мамлекеттик илим органы бүгүнкү күндө деле чыгууга шарт түзүлбөгөндүгү, өлкөбүздүн келечегине ишеничти азайтат. Биздин оюбузча, Улуттук Илимдер Академиясы жогорку бийликтин өлкөнүн өсүшүндөгү негизги эксперттик-консультативдик кеӊешчиси болуусу, бүгүнкү күндүн талабы жана өлкөбүздүн келечеги. Мындай практика Кыргызстанда 50-70 жылдарда болгондугун тарых далилдеп турат. Дүйнөлүк практикада көп фактылар бар.

 –Текшерүүчү органдардын акыбалы жөнүндө да токтоло кетсеӊиз?

 Өлкөбүздө текшерүү органдарынын эбегейсиз көптүгү маалымат каражаттарында, өкмөттүк, мамлекеттик чечимдерде көп эле айтылып келет. Анын себеби, биз жогоруда көрсөткөндөй, өндүрүш менен иштеген өкмөттүк уюмдарга караганда, текшерүүгө багытталган уюмдардын саны 10 эсе көп. Аларда иштеген чиновниктердин саны андан да көптүк кылат. Буюрса өкмөт түзгөн жумушчу топ тактап чыгууда деген ойдобуз. Бүгүнкү күндө текшерүүнүн бир фактысын келтирейин. 2012-2013-жылдары өкмөттүн алдындагы геология жана минерал ресурстар мамагентигинин коомдук кеӊеши бул маселеге кызыгып, өз кеӊешинде караган. Адистер даярдаган справкада 2 жыл, 8 айда (2011-2012-жылдар, 2013-жылдын 8 айында) Агентствого суроо-талап менен 604 кат түшкөн. Анын көпчүлүгү, Кыргызстандын башкы прокуратурасынан, Улуттук коопсуздук комитетинен, каржылык полиция тарабынан жөнөтүлгөн. Бул органдардын чиновниктери учурда өндүрүштө түшүнүгү аз адамдар болгондуктан, көпчүлүк учурда өндүрүшкө эч пайдасыз, тескерисинче, иштерди алдыга жылдырууда тоскоолдук кыла турган жыйынтык чечимдерге шарт түзүшкөн. Ушундай сабатсыз чечимдерден, адилетсиз буйруктар чыгып, кадр тандоо маселесинде башаламандыктар пайда болууда. Текшерүү органдары өндүрүшкө жол тоспой, аларга жардам көрсөтүүсү тийиш. Мындай шартты түзүү үчүн өндүрүштү адистештирилген гана органдар текшерүүсү абзел. Мындай шартты түзүүдө мамлекеттик өндүрүштү топтоштуруп, алардын жетекчиликтери ушул тармакта такшалган адистери, таза иштеген адамдар болушу талапка жооп берет.

Сиздин оюӊуз боюнча бүгүнкү өкмөт радикалдуу өзгөртүүгө багыт алгандай. Буга канча убакыт керек жана канчалык каржылык каражат талап кылынат?

–Кыргыздын жакшы макалы бар: “Көз коркок, кол баатыр” деген. Бул иш-чараны аткаруу үчүн саясый эрк керек. Кыргызстанда такшалган өндүрүштүн уюштуруучулары, саясатта такшалган жетекчилер, илимде эмгеги сиӊген илимпоздор жетиштүү. Мына ушулардан түзүлгөн жумушчу-аткаруучу орган түзүп, алардын иштөөсүнө шарт түзүп берсе, эки-үч айдын ичинде схемалык долбоорун түзүп чыкса болот. Бул проектти жалпы элдик талкууга, эксперттик изилдөөлөргө дагы 2-3 ай керектелет. Жылдын аягында толук дайын болсо, 2017-жылдын I кварталында жаӊыча ишке кирсе болот. Менин оюмча, көп деле каржылык каражат талап кылынбайт. Эл мындай иш-чараны толук колдоп кетерине ишенич бар.

Калыгул Бейшекеев, “Азия ньюс”

Алмаз Атамбаев жана Ангела Меркель биргелешкен пресс-конференция беришти

Германиялык лидердин өлкөгө расмий визитинин алкагында болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча Алмаз Атамбаев жана Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык канцлери Ангела Меркель биргелешкен пресс-конференция беришти. Бул тууралу КР президенттик аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Өз сөзүндө Алмаз Атамбаев Германия Федералдык канцлери менен жолугушуу 2012 жана 2015-жылдары башталган эки тараптуу диалогдун уландысы экенин белгиледи. «Биз Федералдык канцлердин келгенине өтө кубанычтабыз. Германия Федералдык канцлеринин визити Кыргызстандын 25 жылдыгы белгиленип жаткан жылга туш келгени абдан символикалуу окуя болду. Бүгүн Германия менен кызматташуу Кыргызстан үчүн абдан маанилүү жана артыкчылыктуу мүнөзгө ээ», – деп  белгиледи Алмаз Атамбаев.

Алмаз атамбаевдин сөзү боюнча, Кыргызстан менен Германия ортосунда өзгөчө тарыхый байланыш бар. «Тарых эпкини менен биздин тоолуу мекенибизге келип отурукташып калышкан немистер Кыргызстандын тарыхына да, маданиятына да, экономикалык өнүгүшүнө да күчтүү таасир этишти. Биздин улуу сүрөтчүбүз Герценди, биздин композитор, алгачкы кыргыз операсынын автору Ферени эске салсак эле жетиштүү болот. Кыргыз ССР министрлер Кеңешинин төрагасы болгон биздин көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, чарбакер Иорданды жана, албетте, “Манас” эпосун алгачкы жолу кагазга жазган улуу окумуштуу Радловду биз эч качан унутпайбыз. Мындан 200 жыл мурда Германияда басылып чыккан бул китептин эки томдугу ар дайым менин иш бөлмөмдө турат», – деди Алмаз Атамбаев.

«Биз көптөгөн маселелерди абдан конструктивдүү жана ачык талкууладык. Менин оюмча, биздин мындан аркы кызматташтыгыбызды активдештирип, эки өлкөнүн ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө өбөлгө боло турган кадамдар анык болду», – деди Алмаз Атамбаев.

Алмаз Атамбаев германиялык делегация тараптан көптөгөн суроолор болгонун белгиледи. «Мен Кыргызстанба бардык сфераларда: саясатта да, экономикада да болуп жаткан процесстер тууралуу Ангела Меркель айымды кабардар кылдым. Ушуга байланыштуу Кыргызстан өзүнүн демократиялык өнүгүү позициясында бек тургандыгын дагы бир жолу баса белгилеп кетким келет. Демократиялык өлкөнү куруу, эркин адамдардын өлкөсүн куруу – биздин башкы милдетибиз. Биз ошондой эле регионалдык коопсуздук маселелерин да талкууладык. Диндин радикалдашуусунан келип чыккан проблемаларды, терроризм проблемаларын талкууладык. Бардык чөйрөлөрдө биздин ортобузда түшүнүшүү бар экенине мен, албетте, абдан кубанычтуумун.  Биз Кыргызстан Германия менен гана эмес, Европа Бирлиги менен да кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экендиги тууралуу да сүйлөштүк. Евразиялык өлкө катары биз Украинадагы кагылышуунун да, Россиянын Европа менен мамилесиндеги кризистин да кесепеттерин сезип жаткандыгыбызды айттым. Ошондуктан тараптар мүмкүн болушунча эртерек компромисс  таап, бир тилге келип, карама-каршылыктардын жоюлушун каалайбыз. Биз Европаны да, Россияны да компромисс табууга чакырабыз», – деди Алмаз Атамбаев.

Алмаз Атамбаев Германия Федералдык канцлеринин батыштан Лиссабондон тартып, чыгыштан Владивостокко чейинки бирдиктүү экономикалык аймак пайда болушу үчүн Евробирлик менен Россия бара-бара жакындашуусу керек деген позициясын толук колдой тургандыгын билдирди. «Анан, албетте, түштүктө Бишкекке чейин», – деп кошумчалады Алмаз Атамбаев.

Сөзүнүн аягында Алмаз Атамбаев Кыргызстанга визит менен келгендиги үчүн Германия Федералдык канцлерине дагы бир жолу ыраазычылык айтты.

Өз кезегинде Германия Федералдык канцлери жылуу кабыл алуу үчүн Алмаз Атамбаевге ыраазычылык айтты, ошондой эле өлкөнүн жарандык коомчулугу менен жолугушуу жана GIZ  менен биргелешип жүзөгө ашырылып жаткан долбоор менен таанышуу жакшы пикир калтырганын белгиледи.

«Мен азыр Кыргызстанда жолугуп жатканыбызга абдан кубанычтамын, ал эми сиз болсо Германияга эки жолу келип кеттиңиз. 2010-жылы Кыргызстан тандаган жолду абдан урматтайбыз. Быйыл Кыргызстандын көз карандысыздыгына 25 жыл толот. Кыргызстан парламенттик демократия жолун тандады жана, албетте, колдоого муктаж. Калк үчүн экономикалык өнүгүү маанилүү роль ойнойт. Ошондуктан чакан жана орто ишкерликтин өнүгүшү үчүн, жаштардын келечеги кең болушу үчүн жана квалификациялуу жаш адистер өлкөдө калышы үчүн баарын жасоо керек», – деди Ангела Меркель.

«Алты жүздөн ашуун кыргызстандык жаштар Германияда билим алып жатканы мени кубандырат, бул санды дагы көбөйтсө болот. Кыргызстан табигаты кооз өлкө, ошондуктан биз туризм чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кандай өнүктүрүү тууралуу ойлонушубуз керек », – деди Ангела Меркель.

Германия Федералдык канцлери сүйлөшүүлөр учурунда маселелердин кең чөйрөсү, анын ичинде Кыргызстандагы этникалык азчылыктардын абалына тийешелүү маселелер да талкууланганын белгиледи. «Сиздердин өлкөдө коомдо оң роль ойногон немистердин этникалык азчылыгы жашайт. Мен да бүгүн кыргызстандык немистердин  өкүлдөрү менен жолугуштум », – деди Ангела Меркель.

Ал сүйлөшүүлөрдө билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөлөрүндөгү кызматташтык маселелери талкууланганын белгиледи. «Андан тышкары, ар кандай фондулардын алкагында KfW банкы келечекте кандай иштерди жасай ала тургандыгы жөнүндө сөз болду.  Атайын өнүгүү фондун түзүүгө болобу? Германиянын тышкы иштер министри биздин өкүлдөр менен бирге Кыргызстанга келип кеткен. Жакында Кыргызстанда немис экономикасы күндөрү өтөт», – деп, Ангела Меркель бул соода-экономика жана инвестиция жааттарындагы байланыштарды активдештирүүгө түрткү болорун кошумчалады.

Ангела Меркель Германия Европа Бирлиги менен Евразия экономикалык бирлигинин ортосундагы мамилелерди жөнгө салууну колдой тургандыгын билдирди. Федералдык канцлердин сөзү боюнча, Германия да, Франция да кырдаалды турукташтыруу максатында Минск келишимдерин жүзөгөашырууну активдештирүүнүн үстүндө катуу иштеп жатат.

Сөзүнүн аягында Германия Федералдык канцлери Ангела Меркель Кыргызстанга визит менен келүүгө чакырганы жана мүмкүнчүлүк түзүп бергени үчүн Алмаз Атамбаевге дагы бир жолу ыраачылык билдирип, өлкө элине зор ийгиликтерди каалады.

Ош облусунда ажылык сапарга даярдыктар башталды

Бүгүн, 14-июль күнү Ош облустук мусулмандар казыятында 2016-жылдагы ажылык сапарга зыяратчыларды коштоп баруу үчүн сынактын негизинде тандалып алынган 19 ажы башчыларга жыйын болуп өттү. Жыйынга Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын дин иштери боюнча башкы адиси Айтмат Азамжан уулу жана казыят кызматкерлери катышышты. Бул тууралу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирет.

Жыйында облус казысы Самидин кары Атабаев ажы башчыларга жоопкерчиликтүү милдет жүктөлгөндүгүн белгилеп,  2016-жылдагы ажылык сапарга болгон даярдыктар боюнча тиешелүү милдеттенмелерди түшүндүрдү.  Ажылык сапарга жөнөтүүгө аз убакыт калгандыктан, ажыга баруучу жарандарга ажылык парздын диндеги ордун окутуп үйрөтүү жана зыярат сапарынын тартиптерин терең түшүндүрүү керек экендигине өзгөчө басым жасалды. Мындан сырткары облустагы зыяратчыларды ажы башчылар үчүн тайпага бөлүү аркылуу Муфтияттын буйругуна ылайык 2016-жылдын 24-июлунан 30-июлуна чейин зыяратчыларды тиешелүү медициналык эмдөөдөн өткөрүү тапшырмасы коюлду. Ошондой эле 2016-жылдын 18-июль күнү саат 10:00дө Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо” мечитинде Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев тарабынан сынактын негизинде тандалып алынган ажы башчыларга атайын лицензиялар тапшырылып, түшүндүрүү семинары уюштурулаары эскертилди.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын август айынын орто ченинен баштап  Ош облусунун аймагынан ажылык сапарга 1255 жаран аттанат жана 49 жарандан турган атайын группаны 1 ажы башчы коштоп барат.

"Комиссар Каттани" табына келип, чыйралып турган кербези

Айтылуу генерал Өмүрбек Суваналиев ушул күндөрү Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы өздүк үйүндө эс алууда. Каарманыбыз июнь айынын соңу менен шаардын ызы-чуусунан тажап, көлгө карай зуу койгон. Ар жылы эки айлык жай саратанды Өмүрбек агабыз Көлдөн тосуп, сууга сүзүп, ага удаа булчуң чыңамай, алыска чуркамай өңдүү спорттун түрлөрү менен машыгып, ден-соолук камын көрүп келет. Генералдын таң эртелей көл жээкте спорт менен машыкканын белгилүү спортсмендер да көрүшүп, суутулган аттай табына келип турганына таңдануусун жашырышпады. “Тапталган күлүк мамыга турбайт” демекчи, Таластан чыккан «Эр Бөрө» ушу тапта табына келип, чыйралып турган кербези. А биз тар кызыкчылыктын айынан «колдо бар алтындын баркын билбей», профессионал адис «Комиссар Каттанинин» кыргызга кымбат курагында күчүн алалбай келебиз.

Булак: “Азия news

Жанар Акаев, депутат: "Нанын жеп, тузун татып жаткан өлкөгө жана элге доомат артуу туура эмес"

Вести.кж сайтынан Марина Ким айымдын Кыргызстан тууралуу жазган пикирин окуп абдан таң калдым. Кыргызстанды Мекеним деп атаганы менен, өлкөгө сырттан келген бир байкоочудай эле мамиле жасагандай сезилди. Кыргызстанды сүйөм деп бир нече жолу жазыптыр, бирок ага бул жакта адамдар, эл жакпайт имиш. Эли жакпаса, өлкөнү кантип сүйөт? Кыргызча сүйлө деп кайрылгандар жакпайт экен, аларды жек көрөөрүн жашырбаптыр. Эгерде адам мекенди сүйсө, ал өлкөдөгү айрым кемчиликтерге карабай сүйүшү керек. Бизде кемчилик толтура, бирок мекенин сүйгөн адам «Бир күнү бул жактан кетип калам»,-деп догурунбайт. Ошол кемчиликтерди жоюуга көмөктөшөт, мен ошондой мекендештерибиз менен кымбаттуу Марина айымды тааныштырып коёт элем эгер макул болсо. Алар дал ошол Марина айткан көйгөйлөрдү чечүү үстүндө аракеттенип жатышат. Бирок эскертип коёюун, алардын бир тобу жөнөкөй айылдык балдар, алар менен шаардыкча көйрөңдөгөн өтпөйт )) Болбосо, кемчиликсиз өлкө барбы деги?

Мекенди сүйүү жана андагы проблемалар менен күрөшүү бул улуттан же аймактардан көз каранды эмес, ал Кыргызстанды чындап жакшы көрүүдөн көз каранды. Кыргызча үйрөнүп ал деген да бул айымга катуу тийгени кызык, ошол эле Американын же Орусиянын, балким Кореянын жараны башка тилде сүйлөп, бирок ошол өмүр бою жашаган мамлекетинин тилин билбейт дегенди элестетүү мүмкүнбү? Албетте жок. Тилди үйрөнүүгө ынтызарлыгы жок экенин жашырбай, тескерисинче жектегени өкүнүчтүү. Өлкөдөн кетем же кетпейм деп чечим кабыл алуу ар кимдин өз иши, бирок ошону доомат кылбаш керек. Өкмөттү, элди башкаргандарды сындоо нормалдуу көрүнүш, бирок нанын жеп, тузун татып, суусун ичип жаткан өлкөгө жана элге доомат артуу туура эмес. “Мен кетем” деген кыргыздар деле четтен чыгат, бирок бизге бирөө жакшы мамлекетин бербейт, биз артыкчылыгы, кемчилиги менен кошо Кыргызстанды гана алга сүрөп, ушул жерде гана бактылуу жашай алабыз. Ким кантип салым кошот, ар кимдин жеке иши.

Жанар Акаевдин фейсбуктагы баракчасынан

Аалы Карашев “Атам кылмыш кылса, балдызым башкы прокурор, погуңарды жегиле” дейби?

“Азия Ньюс” гезитинин 2016-жылдын 7-июлундагы №27 (159) санына Аалы “Карашевге каршы кара пиар” аттуу макала жарык көргөн. Ошондон көп узабай эле телефон аркылуу байланышка чыккан журналисттер бүйүрдү кызыткан маалыматтарды айтып, алардагы видео материалдарды көрүп, оозубуз ачылды.

Буга чейин, президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Аалы Карашевдин атасы Азим Карашевдин жол кырсыгына кабылганы тууралуу маалымат чыгып, “ДТПга кабылыптыр, жөн эле кара пиар жасагандар дуулдатып жатат” таризинде кеп болуп, тынчып калган. Коомчулук менен өлкө башчыларына чейин, “кырсык, эч ким жабыркаган жок, столбаны сүзүп алып, өзү эле жабыркады” деген маалыматтар берилип, “Азия Ньюс” гезитин да ошол элдин башын айлантуу максатына колдонуп кетишкенин журналистердин колундагы видеотасма тастыктап таштады.

Ал чейрек саат чамалуу видео тасма Ош облусунун Кара-Суу районунун жол кайгуул кызматкерлеринин “Тойота” үлгүсүндөгү жолтандабасты кууп барып токтоткон жеринен башталат. Рулда отурган адам Карашев Азим деген өздүгүн тастыктоочу документтин жол инспекторуна берип, кайра жулуп алып, акыйнек айтышуу уланат. Эки ортодо, оператор, аппапакай, “7000” мамлекеттик номерлүү “Джиптин” (“Азим Карашевдин 70 жылдыгына белек катары берилген” дешет) алдыңкы сол жак дөңгөлөгү жарылып, крылосу майтарылып, кызыл ала канга боелгону көрсөтүлөт.

Жол кайгуул кызматкерлери оң жак эшикти ачып, айдоочунун оң жагындагы алдыңкы катардагы орундуктан ылдый жылмышып, бут коючу жакка тыгылып алган аялды көрүшөт. “Ачылган эшикти жабам” деп атып, ал келинчектин жүзү да бейнеге түшүп, таанылып калат. Жол кайгуул кызматкерлерин тоготпой, улам бирөөгө телефон чалып жаткан Азим Карашев  унаасына отуруп, кайра айдай качууга аракетин автоматчан милиционер тороп кетирбей, инспектор “эки адамды уруп качып кеттиңиз, алар ооруканага жеткизилди, биз сизди кууп кармадык, биз менен барасыз, машинени стоянкага коебуз, болбосо мен жооп берип калам” дегенсип, безеленип жатат. Дагы бир кызматкердин, “койдуруп кеткен адамдарга жардам көрсөткөндүн ордуна эмнеге качасыз?” дегенине Азим Карашев “абийиримди сактап качтым” дейт. Ызы-чуу уланып отуруп, акыры автомашинаны эвакуаторго жүктөй башташат…

Ошентип, бүгүн ал окуянын эмне менен аяктаганы белгисиз. Бир гана Азим Карашевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу аракеттери көрүлбөй, а кишинин кылы да кыйшайбай, коомчулукка жалган маалыматтар таркатылып, элди, бийликти алдоо жүрүп жатканы кызык.

Же эмне, балаң президенттик аппаратта иштесе эле жакындарыңдын баары иммунитетке ээ болуп, кандай кылмыш кылса да жооп бербей жүрө берсе болобу? Болбосо, ИИМдин кызматкерлери эмнеге талкан сугунуп алгансып унчугушпайт? Же ал байкуштардын да өпкөлөрүн үздүрүп жатышабы?

Ош тарапта милиция кызматкерлерин кордоп, спортчуларга сабатуу, мыйзамсыз кызматтан кууп жиберүү салтын жараткан Сүйүн Өмүрзаков ИИМге орун басар болуп турса, кайдагы обьективдүү иликтөө болмок эле дейби? “Мыйзамдуулукту көзөмөлдөй турган прокуратура каякка карап жатат?” дегендер “Башкы прокурор Индира Жолдубаева Аалы Карашевдин балдызы болуп атса, иш козготмок беле?” деген жооп алууда.

Эки ортодо Ош облусунун эли ичинде да карашевдерге карата катуу нааразычылыктар пайда болуп, аким болуп турганда ээлеп алган байлыктарын, базардагы элди кор кылып, киши катарына көрбөй, ары-бери куудуруп, иштетпей жатканына нааразычылык толкуну пайда болгону айтылууда.

Талкууга катышкан журналистер: “Сабыр байке, бу эми кандай болот?” дешкенинен: “Ой, баласы токсон баланы жайлаган штабды негиздеп, жоопко тартылбай, кызматтан-кызматка көтөрүлүп жатса, атасына эки кишини тебелетип кетүү кеп бекен?” депмин. Эл деле: “Булардын президент менен, эмне мынчалык кыйбастыгы бар?” дешип аң-таң. “Атам кылмыш кылса, балдызым башкы прокурор, погуңарды жегиле” дейби? Чындыгында эле, эл ичинде кадыр-баркы жок, жалаң интрига, акча менен шугулданган кланды бооруна тартуу менен Алмазбек Атамбаев өз аброюна катуу шек келтирип жаткан жокпу?..

Булак: “Азия news”

Атамбаев Аскаровдун сотуна катышууга БУУ өкүлдөрүн чакырды

Кыргызстан Азимжан Аскаровдун иши кайра карала турган соттук отурумдарга Бириккен Улуттар Уюмунун эксперттери да катышуусун сунуштады.

Мындай кат менен Кыргызстан БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мунга кайрылганын бүгүн Бишкекте Германия канцлери Ангела Меркел менен жолугушуудан кийинки пресс-конференцияда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып президент Алмазбек Атамбаев билдирди. Биз 12 эксперттин баарын тең кабыл алууга даярбыз. Залда отуруп ар бир суроо-жоопту уксун. Керек болсо алардын бул жерде жашаган акысын өзүбүз төлөп берели”, деди Атамбаев.

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылдын Июнь окуясына айыптуу деп 2011-жылы Жогорку Соттун чечими менен өмүрүнүн акырына чейин кесилген. Бирок быйыл жазында БУУнун Адам укуктары боюнча комитети ал мыйзамсыз камалганын айтып чыккан.

Аталган уюмдун сунушунун негизинде Жогорку Сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу деген негизде кайра карап, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого Чүй облустук сотуна жөнөткөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Карганын көзүн чукугусу келген Момбеков

Жусуп Баласагын атындагы КУУ ректорунун чырына байланышкан ызы-чууда жаалданган тараптын алдына өткөн аптада парламенттин 6 депутаты барат. Бийликтен буга дейре рек­тор Адамкуловага карата реакция болбогондугуна жана нааразычылык акциясына чыккандардын алдында билим берүү министринин орун ба­сары адатынча “карайлы, комиссия түзөлү” сындуу “дежурный” жоопторун узатса, мугалимдер жамааты бир ооздон чурулдашып, “биз депутаттарга да, билим берүү министрлигине да ишенбей калдык, көрсө, “карга- карганын көзүн чукубайт” экен дешсе, намысы күчтүү депутат Рыскелди Момбеков: “Мен карга эмесмин, шумкармын. Шумкар силердин каргаңарды бийиктен келип көзүн чукуйт” деп балп эттирген экен. Ошондон бери универ жамааты: “Шумкар душманыбыздын көзүн качан келип оюп берет?» де­шип, тамаша-чыны аралаш күтүп жатышканын редакциябызга чалып билдиришти. Же үнү чыкпай калганына караганда, “мүнүшкөрү” томогосун кийгизип, боосунан тартып койдубу?

Булак: “Азия news

Турсунбай Бакир уулу: “Жылдыз (Жолдошева) экөөбүздүн ортобузда жалындуу сүйүү болгону чын”

Мындан мурдараак, экс-депутат Жылдыз Жолдошева жергиликтүү гезиттердин бирине берген маегинде Турсунбай Бакир уулу экөөнүн ортусунда сүйүү оту тутанып, бирок кийин белгилүү себептер менен аралары алыстап кеткенин айткан эле. Бул боюнча Турсунбай Бакир уулу да үн катып, чындап эле Жылдыз айымды сүйүп жүргөнүн ачыкка чыгарган билдирүүсүн соцтармактагы баракчасында жазды.

– Жылдыздын айтканы туура: мен аскерден кайтып келгенимде экөөбүздүн ортобузда жалындуу сүйүү болгон. Бирок жакын тууган болгонубуздан (Жылдыздын энеси – Алима эже ырааматылык ажы атам менен бир туугандардын балдары) мамилелерибиз үй-бүлөө курууга чейин бышып жетилген жок. Эң кызыгы, ушул интервьюсунан мага таарынып Москвага кетип калганын билип жатам. Жылдыз экөөбүз үй-бүлөө курганыбызда мүмкүн бүгүнкү Жолдошева Жылдыз жок болмок…)))

Иса Өмүркулов таластыктардын маанайын байкап келди

СДПКнын азыркы лидери Иса Өмүркулов фракциялаштары Мээрбек Мискенбаев, Рыскелди Момбеков деген депутаттарын ээрчитип алып, Талас облусун кыдырды. Көйгөйлөрү кекиртекке жеткен таластыктар жер, таза суу, пенсия, жөлөкпул сыяктуу социалдык, экономикалдык маселелер чечилбей жатканын, соттордун чечимдери аткарылбай, билим берүү тармагындагы алешемдиктер көкөйгө көк таштай тийгенин айтышып, аталган маселелерди тез арада чечүү талабын коюшту. Ал эми Өмүркуловдун “эске алабыз, чечебиз” деген  дежур сөздөрү эч кимди канаатандырбаганын жергиликтүү тургундар бизге билдиришти.

Бийликтин бардык бутагын ээлеп, жоопкерчиликти өз мойнуна алган СДПКчылар элдин көйгөйүн кантип чечип жатышканын эми түшүнсө керек. Шайлоо алдында асмандан Айды алып берүүнү убада кылган Атамбаевдин командасы, Ай бери турсун ичкенге таза суусу жок адамдарды көргөндө беттери бир аз кызарды бекен? Айтмакчы, өткөн парламенттик шайлоодо СДПК партиясы Таластан  0.6, же бир пайызга жетпеген добуш алганын таластык аттуу-баштуу адамдардан тартып, жөнөкөй эл да кеп кылышып, анан акырында эң көп мандатка жетишкен партиянын “секретине” түшүнө албай баштары маң болуп жүрүшөт.

Булак: Кyrgyztoday

Видео – Өмүрбек Текебаев: “Мини юбка кийген дагы, хиджап кийген дагы бирдей укукка ээ болуш керек”

Акыркы күндөрү Бишкектин борбордук көчөлөрүнө илинген “Кайран элим, кайда баратабыз?!” деген жарнактар эл арасында кызуу талкуу жаратып жатат. Бул боюнча муфтият  билдирүү таратып, аны элдин ынтымагына доо келтирген көрүнүш катары баалады. Ал эми өлкө башчысы тескерисинче мындай жарнактарды көбөйтүү керектигин билдирди.

Төмөдө белгилүү журналист Мыктыбек Арстанбек “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен дал ушул дин маселеси, кийинүү адеби ж.б. тууралуу кеп козгошуптур. Маек мындан бир жылдай мурда болгону менен андагы көтөрүлгөн маселелер бүгүнкү күндөгү суроолорго жооп берет.

https://youtu.be/GKVj9W-u9QI

Президент чырлуу жарнактарды көбөйтүүгө буйрук бергенин билдирди

Алмазбек Атамбаев Бишкектин көчөлөрүнө илинген чырлуу жарнактарды колдойт. Мындай пикирин бүгүн, Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында билдирди.

Атамбаевдин айтымында мындай жарнактар өлкөнүн бардык аймактарында илиниши керек. “Мен президенттик аппарат башчысына ошол банерлерди илип жаткандарга финансылык жардам көрсөтүлсүн деп буйрук бердим. Башка элдин маданиятын бизге таңуулоого эч кимдин акысы жок”, – деди ал өз сөзүндө.

Эске салсак, кечээ Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы бул жарнактар тууралуу билдирирүү таратып, аны “элдин ынтымагына доо келтирген көрүнүш” деп атаган болчу.

Атамбаевдин таптап жүргөн мураскери ачыкка чыга баштады

Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү бүтүшүнө бир жылдан көбүрөөк убакыт калды. Буга чейин анын ордун баса турган мураскерлердин болжолдуу тизмеси айтылып, анда Асилбек Жээнбеков, Абдил Сегизбаев, Кубанычбек Кулматов сыяктуу саясатчылардын аттары аталган. Ал эми акыркы күндөрү реалдуу мураскерлердин сап башында президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары, тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков тураары белгилүү боло баштады. Жакында эле Атамбаев “Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын коргоого кошкон салымы үчүн” деп Исаковду II даражадагы Манас ордени менен сыйлады. Чындыгында бул орденге арзыган саясатчылар аз эле. Бул дагы болсо Исаковду эл көзүнө көрсөтүүнүн бир жолу болду окшойт. Ал эми бүгүн Бишкекке келген Германиянын канцлери Ангела Меркелди тосуп алуу салтанатында каркырадай тизилген министрлердин арасынан Сапар Исаковду Меркель айымга “бул менин оң колум” деп өзгөчө тааныштырды. Бул Сапар мырзанын ажого эң жакын, ишенимдүү адам экенин далилдейт. Атамбаев болсо ушундай мураскер калтырууга албетте кызыкдар. Анткени аны президенттиктен кеткенден кийинки тагдыры бушайман кылаары айдан ачык. Эгер эле оппозиция тараптан бирөө шайланып калса, анда Атамбаевдин айласы куруп калаары белгилүү. Ошондуктан ал алдын ала даярданып, “өз балдарын” бийликте калтырууга жан үрөйт. Сапар Исаковду болсо азырынча артында чоң калбыры жок, жаш саясатчы катары элге көрсөтүп, коомчулуктун ишенимине кирүүгө аркет кылышы мүмкүн. Бирок, ага чейин дагы бир жыл ашыгыраак убакыт бар. Акыркы учурда Атамбаевдин жаза басып жаткан кадамдары эл ичинде нааразычылыкты күчөтүп, даярдалган пландар өзгөрүп кетиши да мүмкүн…

Сапар Исаков К Бакиев

Булак: Кyrgyztoday   

Акибаев эки акимди жумуштан айдады

Кечээ Ысык-Көл облустук администрациясында өткөн жыйында өкмөттүн облустагы өкүлү Аскат Акибаев Ысык-Көл районунун акими Райымбек Имангазиев менен Түп районунун акими Ишен Кожалиевдин жумушундагы кемчиликтерин катуу сынга алып, сөөмөй кезеген эле. Бүгүн эки аким тең түйүнчөгүн түйүп, өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу өкмөт башчыга арыз жазыптыр. Албетте, башкарган райондордогу коомдук тартипти жөнгө сала албаса, берилген тапшырмаларды аткара албаса, үйүнө эле барып эс алганы жакшы эмеспи.

Бишкектин көчөлөрүндөгү чырлуу жарнактар алынды

Кечээ, борбор калаанын чок ортосунда илинген “Кайран элим, кайда баратабыз?!” деген жарнактар түнү менен кайра алынып салынды. Бул жарнактар пайда болоору менен эл арасында катуу талкууга алынып, ар кандай пикирлер айтылган. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы да бул тууралуу билдирирүү таратып, аны “элдин ынтымагына доо келтирген көрүнүш” деп атаган болчу.

Жарнак

Англиянын жаңы премьер-министри ишке киришти

Елизавета II Дэвид Камерондун отставкасын кабыл алган соң, консервативдик партиянын лидери Тереза Мэй расмий түрдө Улуу Британиянын премьер-министри болуп дайындалды.

Мэй акыйкатсыздык менен күрөшүүгө жана Евробиримдиктен чыккандан кийин “мыкты Улуу Британияны курууга” сөз берди. Ал мындан тышкары альянстан чыгуу үчүн добуш берген Англия менен Уэльс жана мүчөлүктү сактап калуу ниетин көздөгөн Шотландия менен Түндүк Ирландия ортосундагы ажырымды жоюп, биримдүүлүктү сактап калууга умтуларын айтты.

Ал ошондой эле Улуу Британияда 23-июлда референдум өткөндөн кийин туруксуз абалга кептелген каржы базарын тынчытууга аракет жасайт. Анын өкмөтүндө жаңы пост– ЕБдан чыгуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча министрлик кызматы пайда болот.

Еврокомиссия төрагасы Жан-Клод Юнкер Мэйди тезинен Брюссель менен кеңешмелерди өткөрүүгө чакырды. Буга чейин жаңы премьер-министр 2017-жылга чейин Евробиримдикти түзүү боюнча Лиссабон келишиминин 50-беренесин жокко чыгарууну жылдырууну демилгелеген. Бул Евробиримдиктен расмий түрдө чыгуунун башталышын билдирет. Жараян эки жылдан ашык убакыт албашы керек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меркель айым мээнетти актайбы?

13-июлда, Германиянын канцлери Ангела Меркель Кыргызстанга расмий визит менен келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан Алмазбек Атамбаев өзү гүл менен тосуп алды.  Анан аэропорт майданында асабаларга илинген Кыргызстан менен Германиянын мамлекеттик туулары желбиреп, ардактуу күзөт тизилип, эки өлкөнүн гимндери жаңырды. Кыскасы Меркель айымды өтө чоң шаан-шөкөт менен тосуп алдык. Ага чейин эле Бишкектин көчөлөрүндө “Кош келиңиз Меркель айым”, “Мы вам рады!” деген сөздөр жазылган көптөгөн баннерлерди илип, герман канцлерин чыдамсыздык менен күттүк эле. Ошентип көптөн күткөн Меркель айым Бишкекке келди. Анын чындыгында кандай максат менен келгени биз үчүн белгисиз. Президенттин маалымат кызматы лидерлер Кыргызстан менен Германия ортосундагы кызматташтыктын абалына жана аны мындан ары тереңдетүү перспективаларына байланыштуу кең чөйрөдөгү маселелерди талкуулашаарын, ошондой эле эл аралык жана регионалдык маанидеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу жүрөөрүн билдиришти. Бул эми расмий гана билдирүү. Ал эми көшөгөнүн аркы жагында кандай маселелер чечилип, эмнелер жөнүндө сөз болот?.. “Зарыгып күткөн” Меркель айым ушунча кеткен мээнетти актайбы? Кыргыз эли үчүн пайдасы тийе турган ойлору менен келдиби же өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүнбү?, – деген көптөгөн суроолор турат.

Криминал менен байланышы бар тартип сакчылары погондорунан айрылды

Укук коргоо органдарында иштеп, бирок уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү менен ымаласы бар деп шектелген алты кызматкер жумуштан бошотулуп, жоопкерчилиги карала турган болду.

Кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен байланыш түзүп, күч түзүмүнүн ичиндеги ыкчам маалыматтарды жеткирип, керек учурда алардын качып кетүүсүнө шарт түзүп берген деп шектелген алты кызматкердин бирөө Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгында, калгандары Чүй облустук ички иштер башкармалыгында иштеп келишкен.

ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сейитовдун билдиришинче, күч түзүмүндө буга чейин деле милициянын аброюна көө жапкан кызматкерлер тууралуу маалыматтар болгон, бирок соңку окуя 2010-жылдан бери алгач ирет катталып, ачыкка чыгып отурат.

“Азыр кызматтык иликтөө аягына чыга элек. Соңунда аларды дагы укук коргоо органдарынан биротоло кетиреби же алардын жоопкерчилиги каралабы – бул такталып жатат”,-деди Сеитов.

Мындай окуялардан соң ички иштер министри Кашкар Жунушалиев милициянын кадыр-баркына шек келтирип, коррупцияга чырмалгандарды ачыкка чыгаруу жараяны өлкө боюнча күчөтүлөрүн билдирген.

Жакында Кыргызстандын Коргоо кеңешинин жыйынында укук коргоо органдарында олуттуу реформаларды ишке ашыруу боюнча бир катар чечимдер кабыл алынганы айтылган. Ага ылайык, бир нече укук коргоо органында түзүмдүк өзгөрүүлөр болуп, бири-бирин кайталаган органдар жоюла турган болууда.

Орозбек Дүйшеев, эксперт: “Жеңил өнөржай жана тоо кен тармагына мамлекет тарабынан көңүл бурулбай калды”

–Орозбек Дүйшеевич, сиз көптү көргөн, элге эмгеги сиӊген өндүрүшчү жана такшалган саясатчы катары, учурдагы кыргыз өкмөтүнүн башкаруу структурасын өзгөртүү боюнча жүргүзүп жаткан иш-чараларына оюңуз кандай?

Өкмөттүн бүгүнкү жүргүзүп жаткан иш-чаралары бизге ветерандарга жагат. Сооронбай Жээнбеков өндүрүштө такшалган адам, элдин кызыкчылыгы үчүн аракеттенип жатканы көрүнүп турат. Жакында массалык маалымат каражаттарында 304 номерлүү премьер-министрдин буйругу чыкты. Анда жумушчу топ түзүлүп, ал топко министрликтердеги, административдик ведомстволордо жана башка өкмөткө караштуу мамлекеттик органдардагы штаттык эсептерин, алардын аткарган функцияларын изилдеп, анализдөө маселелери жүктөлгөн. Бул материалдар жалпы эле өкмөттүн аткаруу структурасын жаӊылап түзүүгө багытталганы көрүнүп турат. Мындай чечкиндүү (радикалдык) чечимге баруу бүгүнкү күндүн талабы. Кыргызстан эгемендүү башкарууга өткөндө өнүккөн агрардык-индустриялык өлкө экендигибиз бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон. 15 союздук республикалардын арасында ар бир жанга өндүргөн ички продукция боюнча 4-5-орунда турганбыз, ал эми Орто Азия боюнча биринчи орунда элек. Өлкөбүздө алдыӊкы катардагы тоо-кен тармагы, машина куруу өндүрүшү, жеӊил өнөр жайы, өнүккөн айыл-чарбасы болгон. Өндүрүштө жумушчу күчү жетишпей, чет элдерден келип иштеп турушкан. Бүгүнкү күндө жумушсуздук каптап, жүз миӊдеген алдуу-күчтүү, келечектүү жаштарыбыз чет өлкөлөрдө жумуш издеп, күн көрүүдө.

–Мамлекеттик башкаруу структурасын түзүүдө эмнеге көӊүл бурулушу керек?

Эӊ негизгиси, бул чоӊ иште илимге, дүйнөлүк практикага жана элибиздин менталитетине кайрылышыбыз талапка ылайык болот. Илимде далилденип, аксиома болуп калган: “Коомдун негизин экономика түзөт, байлык өндүрүштө пайда болот. Өндүрүш тынымсыз өсүүдө болуш үчүн кеӊейтилген өндүрүш (расширенное воспроизводство) методун колдонуш керек. Бул метод капиталды концентарциялоо (топтоо), акыл менен кооперациялоо жана адистештирүү (специализация) принциби менен (мыйзам жолу) ишке ашат”. Бул принцип өлкөдөгү саясый системага баш ийбейт, кайсы система бул принципти жакшы колдонсо, ошол өлкөнүн экономикасы тездеп өсөт. Маселен, Кытай Элдик Республикасында – “бир өлкө, эки система” деген ураанын колдонушуп, экономикасы тездеп өсүүдө. Кыргызстан эгемендүү башкарууга өткөндөн баштап, акыл калчап иш кылбай, чет элдик жана жергиликтүү аферисттердин сөзүн угуп, өндүрүштү талап-тоноонун үстүндө болдук. Биринчи 15 жыл ошентип өттү. Андан кийин деле толук түшүнбөстүк өкүм сүрүүдө. Бүгүн бул мамлекеттик башкарууну чечкиндүүлүк менен өзгөртүүгө убакыт жетти.

–Көптөгөн чиновниктер, депутаттар өкмөттүк уюмдардын эсебин кыскартуу керектигин көп айтышат го?

Биздин өлкөдө түшүнүп-түшүнбөй эле сунуштарды айтып, элдин оюн экиге бөлгөн адамдар көбөйдү. Бул маселени туура чечүү да илимге таандык. Эӊ негизги укук менен жоопкерчиликтин балансын жана мүмкүнчүлүктү изилдеп чыгуу шарт. Мен ошондуктан, жогоруда көрсөтүлгөн өкмөт жумушчу топ түзүп, бүгүнкү күндөгү структураны анализдөөсүн эӊ туура деп эсептеймин. Өкмөттүк уюмдар адистештирилген принципте түзүлүшү тийиш. Кыргызда “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” дейт. Өндүрүшкө байланышкан уюмдар, алардын өзгөчөлүгүнө жараша түзүлүшү керек. Алардын жетекчилери ошол тармактын адистери болуп, кызмат убагында ал тармактагы маселелерди туура чечүүгө жардам бериши талапка ылайык. Бүгүнкү өкмөттүн курамында министрликтер, комитеттер, агентстволор, кызматтар жана дагы башка уюмдар болуп 40тан ашат. Өндүрүш боюнча бар болгону 3-4 министрлик, калгандары текшерүүчүлөр, тескөөчү органдары. Ошондуктан, өндүрүштү өстүрбөй күнүгө текшерип, басмырлап иштетпей жатат. Демек, алардын санын кыскартып, сапатын жакшыртууга толук мүмкүнчүлүк бар. Өндүрүшчү уюмдарды жандантып, алардын өзгөчөлүгүнө карап, өкмөттүк уюмдар (министрликтер ж.б.) түзүү менен биз бул өндүрүшчүлөрдүн экономикада ролун (аброюн) өстүрүп, жоопкерчилигин жогорулатуу менен өндүрүштүн өсүшүнө шарт түзөбүз. Кээ бир мамлекеттик башкарууда (саясатта) тайкы түшүнүгү бар адамдар: “Кыргызстан кичинекей өлкө, ошондуктан, министрликтин санын минимумга түшүрүлсүн” дейт. Министрликтин саны өлкөдөгү мамлекетке маанилүү тармактын эсеби менен байланыштуу. Министр деген сөз – “кызмат кылам” деген эле мааниде. Демек, бир тармактын министри ошол тармактын адиси болуу менен эл алдында анын келечегине жооп бере турган адам. Кээ бирөөлөр “министрлик көбөйсө эле чиновниктердин саны өсүп кетет” деген түшүнүктө жүрүшөт. Министрликти түзүүдө анын экономикадагы орду, иштеген адамдардын санын эске алып, башкаруу аппаратын эӊ эле аз курамында түзсө болот. Кээ бир саясаттын дилетанттары министрликти түзүүнү, советтик доорду ордуна келтирүү катары түшүнүшүп, негизсиз ойлорду айткандар да бар. Мындай адамдар саясаттан сабатсыздар десек болот. Көптөгөн турмуш тажрыйбасы көрсөткөндөй, советтик доордо адам баласына пайдалуу көптөгөн иш чаралар аткарылган, анда “ар бир аракет адам баласы үчүн” деген. Эӊ адамкерчиликтүү ураан алдында иш жүргүзүлгөн. Ал ураан көпчүлүк убакта аткарылган. Ошондуктан, дүйнөлүк практикадагы жакшылыктарды, андагы саясый системага карабай кабыл алуу ар бир прогрессивдүү жарандын ыйык милдети болуп саналат.

 –Сиздин оюӊузча кайсы министрликти түзүүнүн кереги бар?

 Менимче, жеӊил өнөржай министрлигин жаӊыча түзүү талапка ылайык. Биз билебиз, советтик доордо жеӊил өнөр жай министрлиги Кыргызстанда өнөржай өндүрүшүнүн көлөмүнүн жарымысынан көбүн ушул министрлик берчи. Кийинки 3-4 жылда бул тармакта көптөгөн иштер жүргүзүлүп, маалымат каражаттарында айтылганына караганда, жүз миӊдеген адамдар эмгектенишүүдө. Буларга мамлекеттен жардам өтө аз көрсөтүлүүдө. Министрлик түзүп, жетекчилигине жакшы адис дайындалса, элибизге көп пайда болоруна шек жок. Экинчи менин сунушум, тоо-кен тармагы боюнча министрлигин түзүү. Биз 15 жылдан бери какшап айтып келебиз. Бул тармак өзгөчө татаалдыгы менен айырмаланат. Бүгүнкү күндөгү акыбалы өтө оор. Ал жөнүндө көп эле айтылып жана жазылып жатат. Бул тармакты башкарууда бирдиктүү мамлекеттик уюм болушу, КР Башмыйзамынын талабын аткарууга багытталат. Кен байлыктар элдин байлыгы жана мамлекеттик менчик. Аны айрыкча коргоо мамлекетке жүктөлгөн. Министрликтин структурасы, анын укуктары жана жоопкерчиликтери боюнча сунуштар бар, ассоциациянын адистери бул маселеде жардам берүүгө даяр. Өлкөнүн өсүшүндө жалпы эле адам баласынын алдыга жылуусунда илимдин ролун айрыкча орду бар. Кейиштүүсү, биздин өлкөдө өткөн 25 жылда илимдин турмуштагы ролу эбегейсиз төмөндөдү. Буга себеп, өлкөбүздө саясат талап-тоноочулукка, өндүрүштү талкалоого багытталгандыгы болду. Илим тармагы формалдык шартта жашоого өттү. Илимдин өлкөбүздүн экономикасынын өстүрүүгө, колдонууга шарт түзүлгөн жок. Мындай оор абалдан мамлекеттик илим органы бүгүнкү күндө деле чыгууга шарт түзүлбөгөндүгү, өлкөбүздүн келечегине ишеничти азайтат. Биздин оюбузча, Улуттук Илимдер Академиясы жогорку бийликтин өлкөнүн өсүшүндөгү негизги эксперттик-консультативдик кеӊешчиси болуусу, бүгүнкү күндүн талабы жана өлкөбүздүн келечеги. Мындай практика Кыргызстанда 50-70 жылдарда болгондугун тарых далилдеп турат. Дүйнөлүк практикада көп фактылар бар.

 –Текшерүүчү органдардын акыбалы жөнүндө да токтоло кетсеӊиз?

 Өлкөбүздө текшерүү органдарынын эбегейсиз көптүгү маалымат каражаттарында, өкмөттүк, мамлекеттик чечимдерде көп эле айтылып келет. Анын себеби, биз жогоруда көрсөткөндөй, өндүрүш менен иштеген өкмөттүк уюмдарга караганда, текшерүүгө багытталган уюмдардын саны 10 эсе көп. Аларда иштеген чиновниктердин саны андан да көптүк кылат. Буюрса өкмөт түзгөн жумушчу топ тактап чыгууда деген ойдобуз. Бүгүнкү күндө текшерүүнүн бир фактысын келтирейин. 2012-2013-жылдары өкмөттүн алдындагы геология жана минерал ресурстар мамагентигинин коомдук кеӊеши бул маселеге кызыгып, өз кеӊешинде караган. Адистер даярдаган справкада 2 жыл, 8 айда (2011-2012-жылдар, 2013-жылдын 8 айында) Агентствого суроо-талап менен 604 кат түшкөн. Анын көпчүлүгү, Кыргызстандын башкы прокуратурасынан, Улуттук коопсуздук комитетинен, каржылык полиция тарабынан жөнөтүлгөн. Бул органдардын чиновниктери учурда өндүрүштө түшүнүгү аз адамдар болгондуктан, көпчүлүк учурда өндүрүшкө эч пайдасыз, тескерисинче, иштерди алдыга жылдырууда тоскоолдук кыла турган жыйынтык чечимдерге шарт түзүшкөн. Ушундай сабатсыз чечимдерден, адилетсиз буйруктар чыгып, кадр тандоо маселесинде башаламандыктар пайда болууда. Текшерүү органдары өндүрүшкө жол тоспой, аларга жардам көрсөтүүсү тийиш. Мындай шартты түзүү үчүн өндүрүштү адистештирилген гана органдар текшерүүсү абзел. Мындай шартты түзүүдө мамлекеттик өндүрүштү топтоштуруп, алардын жетекчиликтери ушул тармакта такшалган адистери, таза иштеген адамдар болушу талапка жооп берет.

Сиздин оюӊуз боюнча бүгүнкү өкмөт радикалдуу өзгөртүүгө багыт алгандай. Буга канча убакыт керек жана канчалык каржылык каражат талап кылынат?

–Кыргыздын жакшы макалы бар: “Көз коркок, кол баатыр” деген. Бул иш-чараны аткаруу үчүн саясый эрк керек. Кыргызстанда такшалган өндүрүштүн уюштуруучулары, саясатта такшалган жетекчилер, илимде эмгеги сиӊген илимпоздор жетиштүү. Мына ушулардан түзүлгөн жумушчу-аткаруучу орган түзүп, алардын иштөөсүнө шарт түзүп берсе, эки-үч айдын ичинде схемалык долбоорун түзүп чыкса болот. Бул проектти жалпы элдик талкууга, эксперттик изилдөөлөргө дагы 2-3 ай керектелет. Жылдын аягында толук дайын болсо, 2017-жылдын I кварталында жаӊыча ишке кирсе болот. Менин оюмча, көп деле каржылык каражат талап кылынбайт. Эл мындай иш-чараны толук колдоп кетерине ишенич бар.

Калыгул Бейшекеев, “Азия ньюс”

Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө Сербия Республикасы менен макулдашууну ратификациялоо тууралуу Мыйзамга кол коюлду

Алмаз Атамбаев «2015-жылдын 2-декабрында Белград шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сербия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралу КР президенттик аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2016-жылдын 1-июнунда кабыл алынган.

Келишимде башка Тараптын мамлекетинин территориясына кирүү (чыгуу жана анда болуу) үчүн биринчи жолу киргенден тартып 90 күнгө чейин дипломатиялык жана атайын/кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу каралган.

Бул Келишимди ратификациялоо Кыргыз Республикасынын жана Сербия Республикасынын жарандарынын – дипломатиялык жана атайын/кызматтык паспорттордун ээлеринин өз ара катышын жеңилдетип, эки өлкө ортосундагы эки тараптуу келишимдик укуктук базаны кеңейтет жана саясий-экономикалык жана консулдук мамилелердин мындан ары өнүгүшүнө өбөлгө болот.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып, 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Адахан Мадумаров: “Биз ѳтпѳй калдык эмес, ѳткѳрбѳй коюшту…”

Кыргызстанда келерки жылы боло турган президенттик шайлоонун марафону быйылкы күздѳ башталат окшойт. Ал жарышка түшѳ турган талапкерлердин бири белгилүү саясатчы А.Мадумаров экендигин, ал ѳзү жакында кайсы бир телеканалга берген маегинде айтты. Жарым саатка жакын сүйлѳгѳн сѳзүндѳ ѳзүнүн буга чейинки ишмердүүлүгүнѳ ѳзү баа  берди.

Ошондой эле саясатчы катары ишиндеги кемчиликтери катары былтыркы парламенттик шайлоо учурунда белгилүү олигарх А.Салымбековдун “Эмгек” партиясы менен кошулгандыгын белгиледи. Кѳрсѳ, ал тегерек-четиндеги кеңешчилердин сѳзүнѳ азгырылган экен.  Мындан тышкары 2010-жылдагы апрель окуясы, Бакиевдин тушундагы ишмердүүлүгү боюнча да курч суроолорго жооп берди.

Бүгүнкү парламенти болсо эч нерсени чече албаган,  кожоюндарынын гана айткандарынын аткарган депутаттар катары сүрѳттѳдү. Ѳзү жетектеген партия тууралуу “Биз ѳтпѳй калдык эмес, ѳткѳрбѳй коюшту…”, -деди.

Эгер бийлик Адахан мырзаны парламентке ѳткѳрбѳсѳ, анда президенттикти ыраа кѳрѳр бекен? Себеби бүгүнкү бийлик 2017-жылдагы шайлоонун камын эбак эле кѳрүп койгон. Же анын да бир билгени барбы?

Булак: “Майдан kg”

Шашылыш билдирүү: нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн

Ченемден тышкары ысык аба ырайынан кийин 14-июлдан 17-июлга чейин туруксуз аба ырайы күтүлүп, өлкө аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге чейин жетет. Абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

14-июлдан 17-июлга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел  жүрүшү мүмкүн.

Бишкек шаарында 14-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 23…25°, күндүзгү жогорку температурасы 27…29° жылуу болуп,  кечке жакын  24° чейин төмөндөшү күтүлөт.

Ош шаарында 14-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 24…26°, күндүзгү жогорку температурасы 30…32° жылуу болушу күтүлөт.

14-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарында жана тоолуу райондордо айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 14-июлда күндүз жана 15-июлда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге чейин жетет.

16-июлда жаан-чачын кээ бир райондордо күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

17-18-июль күндөрү туруктуу эмес аба ырайы сакталып турат, айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы өзгөрүлбөйт.

Муфтия элдин ынтымагына доо келтирген жарнак боюнча расмий билдирүү таратты

Кыргызстан мусалмандарынын дин башкармалыгы Бишкек шаарынын борборунда илинген жарнакты элдин ынтымагына доо келтирген көрүнүш деп тааныйт. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

“Урматтуу мусулман бир туугандар жана мамлекетибиздин жалпы жарандары! Баарыбыздын колубуздагы эң кымбат байлык – бул элдин тынчтыгы менен биримдиги. КМДБ кыргыздын улуттук кийимин динге дал келген кийим деп белгилейт жана улуттук баалуулук менен диний баалуулуктарга шайкеш келээрин билдирет. Көчөгө коюлган жарнак бул элдин ынтымагына доо келтирген көрүнүш деп тааныйт. КМДБ жарандарды мындай нерселерге таасирленип чектен чыкпоого чакырат жана бул маселенин алкагында тийиштүү ведомстволорго кайрылып, мыйзам чегинде карап берүүнү суранат”, – деп айтылат билдирүүдө.

Кыргыз тилин кыя өткөн кытайлар менен Меркелдин сүрөттөрү

Мындан бир ай мурда, президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Балыкчы-Корумду унаа жолундагы жол белгилеринин мыйзамсыз жазылышы, тактап айтканда официалдуу тилде гана жазылып, мамлекеттик тил унутулуп калганы боюнча Транспорт жана коммуникация министрлигине, Башкы прокуратурага, Ички иштер министрлигине, Ысык-Көл облустук администрациясына, өкмөткө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине кайрылуу жолдогон. Бирок бир ай убакыт өткөндүгүнө карабастан, жол белгилери мурунку эле калыбында тургандыгы коомчулукта нааразычылык жаратууда. Бул тууралуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын басма сөз кызматы билдирди.

1

Ал эми Бишкектин борбордук көчөлөрүндө Германиянын канцлери Ангела Меркелдин урматына илинген “Мы вам рады!” деген жазуусу бар көрнөктөрдө да “Мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамы эске алынган эмес. Ошол эле жарнаманын кыргызчасы дагы пунктуациялык каталары менен илинип турат.

“Бир жагынан оңдоп келе жатсак, экинчи тарабынан жоопкерчиликсиздик менен мамиле кылгандарга катуу чара көрүүгө мыйзам жол бербегендиги, Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Жарнама департаментинин жоюлуп кетиши мындай көрүнүштөрдү күчөтүүдө,” – деп айтылат Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын билдирүүсүндө.

Бийликтин күнү бүтүп баратабы же ажонун акыркы ашепкелери...

Акыркы учурларда өлкөдө мусулмандарга карата тымызын чабуул башталган сыяктуу. Аз күн мурда белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун теле-радиолордогу берүүлөрүнө тыюу салып, элдин каарына калган бийлик, эми мусулмандарды кемисинткен сүрөттү борбордун чак ортосуна илип, абдан чоң иш жасагандай мааркап турушат. Албетте, бул акылы жетик адам жасай турган иш эмес. Калкынын 90 пайыздан ашыгын мусулмандар түзгөн өлкөдө ислам динин тутунгандарга мындай мамиле жасалып жатышы – бул кемпайлыктын жеткен чеги эмеспи? Ажо Алмазбек Атамбаев баш болуп Айт намаздарда алдыңкы сапта туруп, Аллага ибатадат кылганы эмне да, мындай жосунсуз жоруктарга жол берилип жатканы эмне?  Өткөндө Орозо айт майрамында Атамбаев: “Динди күчтөп таӊуулоо, башка ишенимдеги же атеист мекендештирибизди кемсинтүүлөр, коркутуулар болуп жатат. Акыркы кезде диний ишенимге байланыштуу чатактар ырбап, саясый түскө ээ боло баштаганы кабатыр кылат”, – деп айтты эле.  Бүгүн ошол кемсинтүүлөр мусулмандарга багытталып жаткан жокпу?  Президент айткан “диний ишенимге байланыштуу чатактардын” чыгышына өйдөдө отургандар салым кошуп жатышкандай түр көрсөтүүдө. Чубак ажынын “тили кесилгенин” айтпаганда да Бишкектин борборундагы “Кайран элдин кайда баратканына” кейимиш болгон сүрөт өлкө мусулмандарынын укугун тебелегендикке жатат. Биз демократиялык өлкөнү куруп жатабыз деп тилибиз тешилгенче какшайбыз. Ал эми ошол демократиянын атасы аталган Америкада дин эркиндиги кандай каралганын айткыбыз келбейт. Алар бизге окшоп кайсы бир диндин өкүлдөрүн мазактап, мындай сүрөттөрдү көчөгө илбейт. Башкалардын укугун тебелебейт.

Дин маселеси бул чындыгында өтө оор маселе. Ар кайсы агымдарга азгырылып, өлкөгө зыяны тийген жарандарыбыз да жок эмес. Аны тана албайбыз. Бирок, салттуу исламды карманган, акылы зирек, жүрөгү таза, ыйманы бекем адамдар да күн санап өсүп бара жатат. Чын ниети менен Кудайдан коркуп жашаган адам башкаларга эч качан жамандык каалабайт. Ар сөзүндө Кудайды оозанган ажобуз да муну жакшы билсе керек. Андыктан эл ынтымагына жарака кетирбей, тынчтыкты, бейпилдикти сактап калууга аракет көрбөйлүбү. Келекелеп, шылдыңдаган сүрөттөр өлкөбүзгө жакшылык алып келбейт. Эзелтен сабырдуу элибиз, бийликтин мындай алешемдиктерин кечирип, провокацияга алдырбайт деген ишенимдебиз.

Бирок Ак үйдүн мындай ашепкелери ажого абийир алып келбешин унутпасак. Тынч турган элди чайпалтуунун кереги жок. Анын арты кандай болоорун баарыбыз жакшы билебиз. Ансыз да азыр соцтармактарда бул сүрөткө байланыштуу маселе катуу талкууланып, көптөгөн терс пикирлер айтылууда.

Атамбаев Сфинкс болуп кеткенби?

Кыргызстанда коомчулукту өзүнүн автордук ырлары менен таң калтырган өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин таланты кызуу талкууга алынып жаткан чакта, интернет айдыңын “Фейсбук” колдонуучулардын биринин жарыялаган сүрөтү жарып ийди. Сүрөттө байыркы египеттик Сфинкстин эстелиги. Би­рок, эмнегедир, Алмазбек Атамбаевге аябай окшоштурулуп жасалыптыр. Мифтик чыгармаларда жашаган Сфинкс Бишкектин “Аламүдүн” паркында орнотулган. Азыр ал скульптура көпчүлүктүн кызыгуусун жаратууда. Президент өзү буга не дейт, белгисиз…

Булак: “Майдан kg

Кызыл-Кыя шаарынын мэри Абиш Халмурзаев Баткенге өкмөттүн өкүлү болуп дайындалды

Буга чейин Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарынын мэри кызматын аркалап келген Абиш Халмурзаев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү  буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, Баткен облусундагы өкмөттүн мурдагы өкүлү Жеңиш Раззаков чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр болуп шайланган.

Надира Нарматова, экс-депутат: "Аллахтын сыноосу менен уулдарың бышып жетилди, элим"

Мындан туптуура беш жыл мурун тизилген кыргыздын кыраан куштарын тагдырдын таразасы армансыз калчап, курчутуп, түрдүү булоо таштын эгөөсүнө чарктап, чаркпалак айлантып сынады го чиркин! Ошол кыраан куштар бүгүнкү күндө урулуп, согулуп, чукулуп, сайылып, кытыгыланып, суралып, куулуп, сыналып, алданып, камалып, акталып, чыйралып, чайпайбай, чачылбай, төгүлбөй, ийилбей, кашайышып ого бетер такшалып, “Ата Журт кыйын күнгө кабылганда, Айлансын ар бир уулуң чагылганга” деген өздөрүнүн ураан-чакырыктарына төп келишкен мезгилге келишти. Бүгүнкү күндө, өз өлкөсүнүн үстүнөн элине көз салып, канатын жети дубанга жайса жете турган, баралына келип, айланып учкан кыраан кушуң, элине олжо, оомат алып келчү албууттанган алгыр бүркүт болуп чыга келди. Аллахымдын сыноосу менен уулдарың бышып жетилди элим. Мен сыймыктанам, ушундай инилерим менен катарлаш, сапарлаш, кызматташ болуп, бардыгынын бирдей эжеси болуп жүргөнүмө. Сапарлары байсалдуу болсун ылайым!

Аллахым буюрса ден-соолук, өмүр берсе, тынчтык, амандык болсо элине кызмат кылаар, канатын жайып, элин калкалаар күндөр али алдыда. Бул жалганда “жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт”. 2010-жылдагы силердин эрдигиңер тарыхта алтын тамгалар менен жазылып, элдин жүрөгүндө жакшы жагынан сакталып калган. Силер кылымдын балдарысыңар!

Ата Журт

“Чымын да жыт бар жерге конот”, “Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт”, “Жигит киши кыйынчылыкта сыналат” деген жакшы сөзү бар элиңердин. Аллахым алтын башыңарды аман кылсын. Беш жыл мурунку акыбалыңар менен бүгүнкү күнкү акыбалыңар тууралуу үчөөңдү тең жакындан билген эжеңер катары пикир калтыргым келди укаларим. Аллага аманат. Сүрөттү ФБдан өзүм көрүп, үчөөңдүн бүт сынооңду көзүмдөн өткөрдүм. Аллага аманат!
Надира Нарматова

Бийликтин шаштысы кете баштадыбы?

Сот 8-июлда УКМКнын тузагына түшүп, камакка алынган Марат Султанов, Бекболот Талгарбеков жана Төрөбай Колубаевдин баш коргоо чарасы бу сапар бир мезгилде ка­рады. Сыягы, бийликтин шаштысы кеткен көрүнөт. Ал ишке Биринчи май райондук сотунун судьясы Боронбаев судьялык кылды. Сотто Марат Султановдун сүйлөгөн сөзүнөн кийин судья Боронбаевдин да, тергөөчүлөрдүн да көздөрү алайып калышыптыр. Анткени, Ма­рат Султанов буга чейин бир эмес, эки жолу Биринчи май райондук сотунда төрага болгонун, Ак үйдүн эч бир тапшырмасын аткарбаганын, профессионалдуулугун, эч кимден коркпостугун көрсөтүп келгенин, эми күнөөсү далилденбесе да, эки айдан бери себепсиз камалып жатканын, тергегендер да, жогорку жактын тапшырмасын аткаргандар да кези келгенде ушул иштери үчүн жооп берерин айтыптыр. Марат Султановдун ал сөзүнөн кийин баары жумшарып, жакшы мамиле жасап, аларды кайтарып жаткандар да мамилесин өзгөртө башташыптыр.

Булак: “Майдан kg

Канада соту Кыргызстанга каршы төрт доо арызды канааттандырган жок

Канаданын Онтарио провинциясынын Жогорку Соту төрт компаниянын Кыргызстандын өкмөтүнө каршы берилген доо арыздарын канааттандырган жок. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 28-29-майында Онтарионун Жогорку Сотунда түркиялык Sistem Muhendislik Insaat Sanayi ve Ticaret Anonim Sirketi жана Entes Industrial Plants Constraction & Erection Constracting Co. Inc. компанияларынын, канадалык Stans Energy Corp. компаниясынын жана Латвия жараны Валерий Белокондун арыздарынын негизинде соттук угуулар өттү. Арызда Centerra Gold Inc. компаниясында үлүшү бар “Кыргызалтын” ААКтын акцияларынан Кыргызстан пайда алып турат (бенефициар) деп таанууну, республикага каршы кабыл алынган арбитраждык чечимдерди аткаруу үчүн акцияларды өткөрүп берүүнү өтүнүшкөн.

2016-жылдын 11-июлунда Онтарионун Жогорку соту тараптардын пикирлерин карап чыгып, бардык доо арыздарды канааттандырбоо чечимин кабыл алды. Канаданын процессуалдык мыйзамдарына ылайык, тараптар соттун өкүмүнө макул болбосо, кайра кайрылса болот.

2011-жылдын апрелинде Sistem Muhendislik Insaat Sanayi ve Ticaret Anonim Sirketi компаниясы Канада сотуна кайрылып, “Ак кеме” мейманкасына байланыштуу иш боюнча арбитраждык чечимди аткаруу үчүн “Кыргызалтын” ААКтын Centerra Gold Inc. компаниясындагы акцияларын өткөрүп берүүнү өтүнгөн.

2014-жылдын октябрында жана 2015-жылдын февралында жана октябрында Онтарио сотуна ушундай эле дооматы менен Entes Industrial Plants Constraction & Erection Constracting Co. Inc. компаниясы, канадалык Stans Energy Corp. компаниясы жана Латвия жараны Валерий Белоконь кайрылган. “Кыргызалтын” ААКтын кызыкчылыктарын сотто Baker&McKenzieLLP юридикалык компаниясы коргоодо.

Жылдыз Жолдошова: "Бийлик Азиз Батукаев сыяктуу Азимжан Аскаровду эркиндикке чыгарса, анда экинчи жолу кыргыздын намысын сындырган болот"

Урматтуу мекендештер!

Апрель-июнь окуялары улуттук трагедия экенин эч ким таналбайт. Кайсы улут болбосун улуттук намысын коргой билиш керек. Батукаев кыргыз жарандарын мыкаачылык менен ѳлтүргѳн болсо, Азимжан Аскаров ондогон жарандарды ѳтѳ мыкаачылык менен ѳлтүрүү менен чектелбестен улуттар арасындагы ынтымака бүлүк салган. Батукаевди кызыл килем тѳшѳп аэропорттун “VIP” залынан узатышканда, кыргыздын намысы бир сынды. Эми Азимжан Аскаровду бул бийлик эркиндике чыгарса, анда экинчи жолу кыргыздын намысын сындырган болот. Июнь окуясында каза болгондордун арбагы ошондо эч кимге тынчтык бербейт. Мен сотторго кайрылып кетет элем, Аскаровду бошотоордо июнь окуясында каза болгон, шейит кеткен жарандарыбыздын арбактарынын алдында эртеби кечби жооп берериңерди ойлонуп койгула деп. Ушул маселеде кимдин тийешеси болсо аларды Кудайга салдык.

Жылдыз Жолдошова, экс-депутат

Талас жана Чүй облустук жергиликтүү соттордун, Ош облусунун Райондор аралык сотунун судьяларын дайындоо жана жөнөтүү жөнүндө Жарлыктарга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын судьяларын тандоо боюнча кеңеш тарабынан президент Алмаз Атамбаевге  Баткен ( 2 адам), Талас (4 адам), Ош (2 адам), Нарын (1 адам) жана Чүй (1 адам) облустук сотторунун, ошондой эле Ош областынын Райондор аралык сотунун (2 адам) судьялары кызматтарына 12 талапкерди дайындоо  боюнча сунуштарды  киргизген. Бул тууралу КР президенттик аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

2016-жылдын 30-июнунда Алмаз Атамбаев бул талапкерлердин айрымдары менен  аңгемелешүү өткөрдү. Аңгемелешүүнүн, кошумча алынган материаларды эске алуу менен Президент Алмазбек Атамбаев 4 талапкер боюнча Кеңештин сунуштарына макул болду.

Талапкерлер боюнча материалдардын, ар башка мамлекеттик органдардан алынган кошумча маалыматтардын жана ой-пикирлердин жыйынтыгына карап, мамлекет башчысы 8 талапкер боюнча материалдарды Судьяларды тандоо кеңешине кайтарып берди.

Буга байланыштуу  Алмаз Атамбаев 2 жарлык чыгарды.

Биринчи жарлык менен дайындалган 4 талапкер Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьялыгына дайындалды.

Экинчи жарлык менен дайындалган 4 судья судьялык ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн Талас жана  Чүй облусунун, Ош облусунун Райондор аралык сотунун сотторуна жиберилди.

– Талас облустук сотуна:

Түнкатаров Өмүрлан Амангельдыевичти;

Эстебесов Курал Калыгуловичти.

– Чүй облустук сотуна:

Сейталиев Бекболот Мырзабековичти.

– Ош облусунун Райондор аралык сотуна:

Досалиев Акылбек Кубатбековичти.

Меню