Menu

Кара-Суу районунда жардамга муктаж жарандарга саадака-фитир таратыла баштады

Орозо айтынан кийин Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнө караштуу Баш-Булак айылынын “Ислам Нуру” мечитинин имам-хатиби Абдылда Исламов комиссия мүчөлөрү менен биргеликте айылдагы жетим калган балдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана жалгыз бой, оорулуу, жардамга муктаж үй-бүлөлөргө чогулган садака-фитирдин эсебинен акчалай жардам көрсөтүшүүдө. Бул тууралу Ош облусунун мусульмандар казыяты билдирет.

Имам-хатибтин айтуусунда учурда комиссия мүчөлөрү айылдагы арыз менен кайрылган 15 үй-бүлөгө 2000 сомдон акчалай жардамдарды тапшырды. Жардамдар комиссия мүчөлөрүнүн чечими менен жардамга муктаждардын социалдык абалын эске алуу критерийи менен бааланып, андан соң атайын өлчөм менен материалдык жардамдар көрсөтүлүүдө. Жардамдарды берүү айыл өкмөттөгү бардык мечиттерде улантылууда.

Судьялар кеңеши акыркы эки күн ичинде КР судьяларына карата жазылган 52 арыз, даттануунуларды карап чыгышты

Эки күндө К. Джунушпаев төрагалык кылган Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын судьяларына карата жазылган 52 арыз, даттануунуларды карап чыгышты. Бул тууралу КР Жогорку сотунун басма сөз кызматы билдирет.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен жергиликтүү соттордун 3 судьясына тартип өндүрүшү козголду жана дагы кошумча текшерүүлөр жүргүзүлмөкчү.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан жергиликтүү соттордун судьяларына алгачкы жана кезектеги квалификациялык даражаларды ыйгаруу боюнча жергиликтүү соттордун төрагаларынын 37 сунушу каралды.

Улугбек Ормонов жаш келинди алдаганын мойнуна албай...

Улукбек Ормонов деген «Ак жол» партиясынын анабашчысы, азыр «Бир бол» партиясынан ЖКга депутат болуп келген, Лунара Мамытова деген жаш келинди кулакка тээп мандатын тартып алганы аз келгенсип, эми актанып гезиттерге маек бере баштады. «Мен Лунара Мамытованын ордун тартып алган эмесмин, аны менен түшүнүшүп сүйлөшкөм, акча берген эмесмин» – депчи. Тигил Лунара айым жаштык кылып койбодубу, Чолпон Жакуповадай болгондо Улукбектин атасын Алтайдан көрсөтмөк. Жаш келинди алдаганын мойнуна алгысы келбей жатканын карачы эми. Аял кишини алдап де­путат болбой эле койдум…

Булак: “Ачык саясат”

Бабановдун душманы колтугундабы?

Парламент жайкы сезонуна кетип жаткан маалда, “Республика-Ата Журт” партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов президенттикке талапкер болуп чыгаар-чыкпасын ойлонуп жатканын айтты. Демек ал саясий кырдаалды карап отурат. Бирок бизге жеткен маалыматтар боюнча, келерки күздөн тарта Өмүрбекке туш-туштан каршылаштар чыгып, аны жүдөтөт имиш. Андан да кызыгы, ага душмандар сырттан келбей, партиянын ичиндеги мандатына коркунуч туулган депутаттар, андан башка да бир тобу Өмүкенин партиядагы өзүм билем саясатына, бардыгын эле “фракциялык чечим кабыл алабыз” деген сөз менен кысмакка алып келе жатканына чыдабай, жарыла турган болуп жатышыптыр. Эгер мындай жосун орун алып кетсе, Өмүке негизги колдоочуларынын бир тобунан айрылып, кадыры да төмөнгө түшөт окшойт.

Булак: “Фабула”

Атамбаев милицияга элдин ишенимин жогорулатуу керектигин билдирди

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 9-июлда ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди кабыл, коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөштү жигердештирүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу ведомство жетекчисинин маалыматын укту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Кашкар Жунушалиев ички иштер органдарынын бөлүктөрү өлкөдө өтүүчү ири эл аралык иш-чаралар учурунда коомдук коопсуздукту камсыз кылууга кандай даярдыктарды көрүп жатканы, ошондой эле туристтик сезон мезгилинде коомдук тартипти сактоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө да айтып берди.

Атамбаев өлкөдө укук тартибин камсыз кылуу үчүн ички иштер органдарынын ишмердигинин натыйжалуулугун арттыруу жана жарандардын милицияга болгон ишенимин жогорулатуу боюнча чараларды активдештирүүнүн зарылдыгын белгиледи.

СДПКнын эң жарды депутаты ким?

Мамлекеттик кадр кызматы чиновниктердин өткөн жылы тапкан кирешелери, топтогон байлыктары тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык Жогорку Кеңештеги СДПК фракциясынын депутаты Жанар Акаевдин жылдык кирешеси 239 370 сомду түзүп, айына орточо эсеп менен 20 миңдин тегерегениде акча тапкан.

Акаевдин декларацияда көрсөткөнүнө караганда ага жана анын жакындарына жазылган кыймылдуу да, кыймылсыз да мүлкү жок. Бул деген Жанар мырзанын үстүндө үйү, астында автоунаасы жок, эң жарды депутат экендигин билдирет.

Илмиянов Атамбаевди мөөнөтүнөн мурда отставкага кетүүгө көндүрүп, ордуна Сооронбайды таптап жатыптыр

Икрамдын эмчи-домчусу чынында күчтүү окшойт ай. Бул кабарды угуп алып жакабызды кармап отурабыз. АШАнын башын ары-бери кылып отуруп, эртерээк мөөнөтүнөн мурда отставкага кетирүүгө көндүрүптүр. Анын ордуна Сооронбай Жээнбеков убактылуу өлкөнү башкарып калып, кийинки президенттик тактыга калуунун аракетин көрөт экен. Ошентип кийинки пре­зидент Сооронбай Жээнбеков болоору күтүлүүдө. Бул кабар Ак үйдө уу-дуу кеп болуп жаткан кези. Икрамдын максаты Жээнбековду «марионетка» кылуу эмеспи ыя?

Булак: “Ачык саясат”

Ооганстанга жашыруун барып келген Турсунбай Бакир уулу

1999 жыл. Баткен согушун токтотуу жана туткундагы кыргыз менен жапондорду бошотуу үчүн Ооганстанга жашыруун киргем. Кабул шаары. Жума күн. “Талибан” кыймылынын жетекчилерине жума-намазды сөзсүз окушум керек деп түшүндүрдүм, анткени дүйнөнүн кайсы өлкөсүндө болбоюн жуманы дайыма окучум. Талибан мени жума намазга алып барууну Кыргызстанга кол салган ИДУнун өзбек можахеддерине буйруду.
2-3 мечитке өздөрү кирип көрүп, коопсуздугу боюнча жарабайт экен деп кайра чыгышты. Акыры базардагы мечитке киребиз деп калышты. Бирок “аркараак олтурабыз, намаз бүтөрү менен дуаны кылбай эле мечиттен качып чыгабыз, анткени сакалыңыз кыскараак экен, сакалыңыз өскөнгө чейин зинданга 45 күнгө отургузуп коёт” деп эскертишти. Бирок “аттахиятуну окуп жатканыңызда сөөмөйүңүздү айландырбаңыз” деп да эскертип коюшту. Сөөмөйдү айландырбасам да “эмне үчүн” деп сурадым. “Алар ханафи мазхабын бизге караганында катуураак кармашат. Өткөндө бирөө сөөмөйүн бурап жатты эле, жанында олтурган талиб сөөмөйүн сындырып салды…”

Турсунбай Бакир уулунун фейсбуктагы баракчасынан

Абдил Сегизбаевди АША алдына жолотпой калганбы?

Айрым маалыматтарга ка­раганда УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевдин пре­зидент Алмазбек Атамбаевге кириши кыйын болуп жатыптыр. Кыязы Абдил мырза жүрөктөгү толкуп-ташыган көйгөйлөрүн бир төгүлүп айтып алсам деп жүрсө керек. Тилекке каршы аны жаманатты кылган күчтөрдүн тилине кирген АША жүзүн тетири буруптур. Ал айланасындагы адамдардын тилине кирип, таптакыр эле сөз укпай, биротоло Икрамга баш ийип калды дешет. Икрамдын дубасы өтө күчтүү окшойт, кайсы көзү ачыкка барат болду экен ыя?..

Булак: “Ачык саясат”

«Центерра Голд» кыргыз өкмөтүн өкүндүргөн дагы бир чечим кабыл алды

«Центерра Голд Инк» компаниясы Канададагы алтын жана жез өндүрүүчү «Томпсон Крик Металз» компаниясын сатып алганын расмий түрдө жарыялады. Ал эми кыргыз өкмөтү буга дейре Центерранын мындай чечим кабыл алганы тууралуу маалыматка ээ болгон эмес. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Бүтүмдү каржылоону компаниянын жеке эсебинен, канадалык «Scotia Bank» банкынын насыясынын, ошондой эле «Центерра Голд Инк» компаниясынын кошумча акцияларын чыгаруу аркылуу инвестицияларды тартуу эсебинен жүргүзүү болжолдонууда.

Центерранын аталган маселе боюнча кат түрүндөгү маалымдамасы компаниянын директорлор кеңешинин жыйынында кабыл алынган чечимден соң, келип түшкөн.

Бүтүм аркылуу «Центерра Голд Инк» компаниясындагы «Кыргызалтын» ААКтын үлүшүнүн кыскаруусу келип чыгаарын эске алуу менен, директорлор кеңешиндеги «Кыргызалтын» ААКтын мүчөлөрү бул чечимге каршы добуш берген. Ага карабастан, “Томпсон Крик Металз» компаниясын сатып алуу боюнча бүтүм «Центерра Голд Инк» компаниясынын директорлор кеңешинин башка мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен жактырылган.

Учурда «Кыргызалтын» ААК тараптан алдыдагы бүтүмдүн шарттарынын финансы-экономикалык талдоосу жүргүзүлүүдө.

Кыргыз өкмөтү, «Центерра Голд Инк» компаниясындагы кыргыз тараптын үлүшүнүн кыскартылышынын максатка ылайык эмес деп эсептейт.

Валерий Диль премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалды

Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен Валерий Диль премьер-министрдин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Salini Impregilo: Рогун ГЭСинин эки агрегаты 2018-жылы иштей баштайт

Италиялык Salini Impregilo инженердик-курулуш компаниясы 2018-жылы Рогун ГЭСинин алгачкы эки агрегаты ишке берилет деп билдирүү жасады. 27-июнда компания ГЭСтин объектилерин куруп бүтүрүү боюнча эл аралык тендерди жеңип алган. Мурунку жумада болсо Дүйшөмбүдө тийиштүү келишим түзүлдү.

Компания белгилегендей, ГЭС иштеп баштагандан кийин Тажикстандын электр өндүрүшү эселеп өсөт. Ишкананын эсебинде эки агрегаттын мөөнөтүнөн мурда ишке берилиши электр кубатын экспорттоп, түшкөн каражатка электр станциясынын курулушун улантууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Salini Impregilo курулуштун биринчи бөлүгүндө тажик өкмөтү менен түзүлгөн келишимге ылайык, 1 млрд 95 млн доллар сарпталат деп билдирди. Жалпысынан, бийик таш тосмосу менен бирге станцияны куруп бүтүүгө 13 жыл кетет. Келишимдин суммасы 3,9 млрд долларды түзөт.

Тажикстандын көпчүлүк аймактарында сентябрдан апрелге чейин күнүнө 4-5 сааттан гана электр энергиясы берилип турат. Өткөн жылдары электр кубатынын жетишсиздигинен келип чыккан кесепеттерди азайтуу үчүн «Сангтуда-1» жана «Сангтуда-2» деп аталган эки орто ГЭС иштеп баштаган. Мындан тышкары дагы ондогон чакан ГЭСтер ишке киргизилип, бирок электр тартыштыгы жоюлган жок.

Бул арада Өзбекстан бул долбоорго каршы экени белгилүү. Ал Рогун ГЭСи чөлкөмдө экологиялык кырсыктарга алып келиши мүмкүн деп айтып келет. Эл аралык экспертиза болсо мындай билдирүү негизсиз экенин далилдеп берген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктары”

Боршайком Жыргалбек Саматовду мандатынан ажыратты

Бүгүн, 8-июлда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Саматовду мандатынан ажыратты. Отурумга катышкан БШК мүчөлөрүнүн баары Саматовдун кош жарандыгын тастыктаган документтер бар деген жүйө менен мандатын алып коюшту. Ал эми Саматов Кыргызстандын эле жараны болгонун, орус жараны деген документ жасалма экенин айтканы менен анын сөзү эске алынган жок.

Эске салсак, буга чейин Жыргалбек Саматов мандаттын артынан үч жолу соттошуп, акыры Жогорку соттун чечими менен мандатын кайрып алган болчу.

 

 

Видео - Адахан Мадумаров: "Эртең Атамбаев кетет, ошондо аны менен чогуу иштегендер өмүр бою өкүнөт"

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров “Сентябрь” телеканалындагы “Ак шам” программасында конокто болуп, өзүнүн өткөнү менен келечеги, ийгиликтери менен кемчиликтери тууралуу кенен ой бөлүшүп, суроолорго жооп берди. Ал Курманбек Бакиевдин учурунда мамлекеттик кызматтарда иштегенине өкүнбөй турганын, анткени ошол жумуштарды аткаруу менен бир топ тажрыйба топтогонун айтты. “Биз кимдин учурунда иштеди дебей, кандай иштерди жасады деп айтсак туура болот. Эртең Атамбаев кетет, ошондо аны менен чогуу иштегендерди мурдунан байлап алып жүрөт, өмүр бою алар өкүнүп жүргөндөр болот”, – дейт Мадумаров.

Бабанов баягысын дагы баштады

Жогорку Кеңештеги “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун “мандат-гейтти” дагы козгоп, жанагы Жыргалбек Саматов деген депутатынан өч алганы жатыптыр. Буга чейин үч жолу соттошуп, мандатын тартып алаганы менен, тиги Саматов да кыйын экен Жогорку соттон утуп, депутаттык төш белгисин кайтарып алган. Утулуп калганына жаны ачышып жүргөн Өмүрбек мырза БШК башчылыгына жакында эле келген Нуржан Шайлдабекованын жардамы менен бул ишти аягына чыгарганы туруптур. Бүгүн тараган маалыматтарга караганда Боршайком жакынкы жыйынында Саматовдун маселесин кайра козгоп, эптеп кынтык таап, аны мандаттан ажыратууга бел байлаптыр. Жанагы тоң моюн Туйгунаалы Абдраимовго тили өтпөй калган Бабанов эми Шайлдабековадан шанс үмүт этип турган сыяктуу…

 

Ташкент көчөлөрүндө видеокамералар иштеп баштады

Өзбекстандын борборундагы жолдордо коюлган видеокамералар толугу менен даяр болуп, жол эрежелери бузулган учурларды тартып баштады. Бул тууралуу Ташкенттин жол кыймылынын коопсуздук башкармалыгынын  бөлүм башчысы Зойир Саидалиевге таянып “Норма” агенттиги билдирди.

Саидалиевдин айтымында, 120 жол кесилишине орнотулган камералар аркылуу видео байкоо жүргүзүлүп баштады. Айып пул билдирмелерин жана эскертүүлөрдү айдоочулар бул системаны жөнгө салган мыйзам бекитилгенден кийин алып башташат.

Жол эрежеси бузулган учурда көзөмөл системасы кабарды маалымат борборуна жөнөтөт. Үч күндүн ичинде борбор автоунаа ээсине катталган дареги боюнча билдирме жиберет. Эреже бузгандар 60 күндүн ичинде айып пул төлөп коюшу шарт. Төлөбөсө, 61-күндөн тарта унаа айып аянтчасына токтотулат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ыргалай Бекмуратова, "Мээржазы" коомдук уюмунун жетекчиси: "Калык Мамбетакуновдон суук колуңарды тарткыла!"

Урматуу кыргыз элим, мен бүгүн бир жакшы адамдын жумуштары менен Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун кеңсесине барып калып,медалдын экинчи тарабындагы чындыкты коомчулукка жарыялап, коомдук пикирди билгим келди. Анда соз башынан болсун.

27 жылдан бери Азиздер жана дүлөйлөр коомун жетектеп, миңдеген мүмкүнчүлүгү чектелген элдерге жумуш орундарды таап берип, үй-жайга муктаж болгон миңдеген майыптарды турак жай менен камсыз кылган адамды бүгүнкү күнү мокочо кылып, коомчулукка атын каралоо өтө уятсыздык деп баалаймын. Мен Калык Мамбетакуновго кошомат кылганым жок, бирок акты ак, караны кара деп өзүмдүн адилеттик пикиримди жазып жатамын. Өлкөбүздө канчалаган ишканалар тонолуп, тараптылып, сатылып мамлекетибиздин башынан өткөргөн катаал, оор жылдарда, өзүнүн уюштуруучулук, өтө билимдүү жогорку даражалуу, талбаган эмгегинин негизинде бир дагы ишкананын жок болтурбай сактап калган адам бүгүнкү күнү кыргыз элинин баатыры катары баалангандын ордуна, эң коркунучтуу кылмышкер катары бааласак, анда такыр эле кыргыз эли өзүбүздүн түркөйлүгүбүздү көрсөткөн болобуз. Өзүм күбө болгон 2-3 окуяны мен ал коомдогу эң алгылыктуу иш катары баалайт элем. Азиздер жана дүлөйлөр коомундагы Япония өлкөсүн ыры менен багындырып жүргөн кызыбыздын бактысын ачууга Калык Мамбетакуновдун түздөн-түз көмөгү, кийлигишүүсү менен жетишип олтурат. Мындай мисалдар 27 жылдык жетекчилик мезгилинде миңдеп саналат. Кайсы жетекчилик ушундай албан иштерди жарата алды. Эгерде ошончолук иштердин баардыгын жокко чыгарсак, Кудай анда кыргыз элин кечирбейт. Азыркы мезгилде көптөгөн ишканаларында тирелип турган төшөктөр, матрацтарды сатып, ишканалары күтүрөп иштеп жатканы эмне деген жетишкендик. Ошол Калык Мамбетакуновду кетирем деген эргулдар өздөрү коомго канчалык пайда келтирди экен. Майыптар коллективдүү арызы менен ошол майыптарды өтө одоно, коомго жат көрүнүштөрүн далилдеп, коомдук уюмдун мүчөлүгүнөн чыгарылган адамдардын бир тобунун көрө албастыгын көрдүм. Ошондуктан качан кыргыз эли эмгектенген адамдарды кадырлайбыз, качан эки тараптын тең чындыгын чыгарабыз? Эмне себептен көрүнүп турган эмгектерди жокко чыгарабыз? Мен ошого кейиймин. Мен жалпы коомчулуктан суранаарым ушул адамга асылгандын ордуна, мындай ат көтөргүс эмгекти жараткан адамга Кыргыз эл баатыры деп ардактап алсак колубуздан келчү жумуш го. Урматуу Калык Мамбетакунов ага, сизди бир ууч эл караласа, миллиондогон кыргызстандыктар төбөсүнө коюп барктап, даңктап алат. Эч качан башыңызды жерге сабай, бийик болуп жүрө бериңиз.

Урматым менен мен Бекмуратова Ыргалай, “МЭЭРЖАЗЫ” коомдук уюмунун жетекчиси

Бишкек-Манас жолу өкмөт башчынын маанайын түшүрдү

Бүгүн, 8-июлда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Бишкектен “Манас” аэропортуна чейинки жолдун курулушу менен таанышып, жаңы курулуп жаткан жолдун өтө сапатсыз экенин өз көзү менен көрүп келди. Ал өлкөнүн эң негизги жолуна мындай кошкөңүл мамиле жасалып жатканына нааразычылык билдирип, жада калса айылдарда дагы мындай жол жок экенин айтып ызырынган өкмөт башчы, тез арада мындай мүчүлүштүктөрдү оңдоону буйруду.

“Бул эптемей кылып курган жолуңардан жолтандабас “Жип” дагы секирип жатат. Ушундай кантип болсун? Өлкөнүн эң негизги жолун дагы ушинтип курасыңарбы? Жоопкерчилик деген болуш керек да. Тартыштыкка карабай бюджеттен акча берилип жатса, жакшылап курбайсыңарбы”, – деди Жээнбеков.

 

ЖК депутаты Алмасбек Акматовду кайсы министр сабап салган?

Алмасбек Акматов деген депутатыбыз бар. Учурда эч нерсе менен иши жок бакыйып эл өкүлү атыгып, карс кекирип олтурган чагы. «Досуңду көргөзчү, сен ким экениңди айтып берейин» дегендей Акматовдун ким экенин досу Жаныш Бакиевден улам жакшы билебиз. Өзү айткандай Акаев, Бакиевдин мезгилинде ким гана кызматта иштеген жок. Би­рок кеп кызматта эмес, мына ошол бакиевдерге кандай кызмат кылганда болууда. Бакиевдердин ишенимдүү адамы болгон Алмасбек мырза аркылуу көптөгөн коррупциялык схемалар жасалып, Бакиевдердин капчыгына миллиондогон акчалар түшүп турган. Ал акчалардын бардыгы карапайым калктын маңдай тери менен тапкан акчасы экенин эске алганда, мамлекеттин өнүгүшүнө, бала бакчалардын салынуусуна тоскоол болуп, жетим-жесирге берилүүчү акчага колун салганга барабар экенин айгинелейт эмеспи. Бирок кызык алдыда. Алмасбек мырзанын Бакиевдердин «кошелегуна» айланышына, анын Жаныштын эң жакын, шеринелеш досу болгондугу себеп болгон. Көрсө мурдагы коргоо министри Бакыт Калыев, Жаныш Бакиев, Алмасбек Акматов бат-баттан жолугуп, ысык чай ичип, көп көрүшпөсө сагынышкан, алтургай мончого барып Жаныштын артын жакшылып жышып, акырын мактап-жактап жүргөн достору болгон. Анын үстүнө жогоруда аты аталган Коргоо министри Бакыт Калыев Бакиевдердин жанында акыркы мүнөттөргө чейин жүрүп самолетко салып, Белоруссияга узатып калганы эсибизде. Бир ирээт мына ошол Акматов менен Калыев экөө жинди суудан сеп этирип алгандан урушарга жоо таппай калышып мушташканбы же ортолорунда талаш болгонбу, айтор бир нерседен улам Алмасбек мырза Бакыт Калыевди чаап жиберет. Бакыт мырза кантсе дагы коргоо министри, аскер адамы болгондуктан Акматовго жообун берип, көтөрө чаап, сабап салат. Ошентип достордун ортосунда жик түшүп, бет карашпай калышат. Ошондо бул экөөнүн жан кыйшпас досу Жаныш Бакиев аларды жараштыруунун амалын ойлой баштайт. Кантсе дагы кызмат дегенде жата калган Акматов жок дей албайт дегенби айтор, Жаныш Бакиев Акматовго Эсеп палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн башчылыгын берип, ачуусун таратып, Бакыт Калыев менен жараштырган экен.

Эмесе суроо:

Алмасбек Жумабекович, бул кызмат сизге убагында бе­лек катары тартылганын мойнуңузга аласызбы? «Коёнду камыш, жигитти намыс өлтүрөт» дейт, сизге намыстан дагы кызмат артыкпы? Тарых алдында, жалпы кыргыз эли алдында бакиевдердин камчысын чаап, элдин жоон терисин тилип турганыңызды жигиттик кылып мойнуңузга алалат болдуңуз бекен?

Булак: “Де-факто”

Кыздарды дырдай жылаңач кылып, төө чечтиргиси келген Топчубек Тургуналиев (видео)

Көп жылдар бою ар кандай мамлекеттик кызматтарда жүрүп, 2010-жылы Отунбаева менен  Атамбаевдин колдоосу астында КР Токой чарба мамлекеттик кызматынын төрагалыгына жеткен революционер, азыр ардактуу эс алууга чыккан аксакал Топчубек Тургуналиевди тааныбаган жан жок болсо керек. Ошол абышка картайганда жөн эле жүрбөй бир балээни баштап туру. Ал кыргыздарды дүйнөгө таанытып жаткан “Көчмөндөр оюнуна” “төө чечмей” деген илгерки эротикалык оюнду киргизели деп тантырады. Бул оюн азыркы стриптиз дегенден ашса ашат, кем калбайт. Анан ушундай уят оюнду дүйнөгө көрсөтүп, кыздарыбызга төө чечтирип отурсак, мындан өткөн шермендечилик барбы? Жаштарга жакшы кеңешин берип, жакшы багытты көрсөтүүнүн ордуна, мындай акылга сыйбаган нерсени көтөрүп жатканын кандай түшүнсөк болот? Же кыргыздын дүйнөгө көрсөтө турган башка оюндары жокпу? Акыл менен иш кылалы, ураматтуу аксакалдар…

https://youtu.be/-1KrnKz5kfY

“Төө чечмей”оюнунун эреже-шарты боюнча тегерете отурган элдин так ортосунан бир жерди кары бою казып, казылган чуңкурдун түбүнө казык кагып, ага оюндун байгеси – дүр-дүйнө (көп учурда бүт кымбат баалуу ички-тышкы жасалгалары менен бир боз үй)  жүктөлгөн төөнүн буйласын байлашкан. Ал төөнүн жанына жабуусу бар бир ат да кошо байланган. Оюндун тартиби боюнча төөнү чечип алууга бир дырдай жылаңач аял чыккан. Ал, чуңкурга кагылган казыкка байланган төөнүн буйласын тиши менен чечүүгө тийиш болгон. Ошол учурда төөнүн жанына байланган атты чечмекке бир дырдай жылаңач эркек киши чыккан. Ал “айгыр” болуп кишенеп, аялга артынан асылып, төөнү чечтирбөөгө аракет кылган. Болгон тоскоолукка карабай, шамдагайлык менен аял төөнү чечип алса, олжо ошонуку болгон. Ат “айгыр” болгон эркекке тийген.

 

Карт бөрү кайрадан жанданды

Ycөн аке, легендарлуу Үсөн Сыдыков ушу тапта Бакай жашына барганы менен али саясатта «крест­ный отец» бойдон экен. Анткени, жакында Оштун бир жайлоосунда саясаттагы эски бөрүлөр менен жаңы бөлтүрүктөрдү чакырып, масилет курушуптур. Өрүктөй эзилген жабагынын этин жегенче олтурушуп. Маңызы эмитеден эле мураскер атыгып алган Асилбек Жээнбековду кийинки президенттик шайлоого чейин «согуш» керек экен. Анткени, Жээнбековдор Ош жергесинде «авторитет» эмес экени ырас да. Ошондон улам, Үсөн аке «Саткын Жээнбековдорду президенттикке жолотпоо керек. Алар ал орунга жетсе биздин күн бүтөт» – деп күйгүлтүккө түшүптүр. Эмнеге минтип айтканы түшүнүксүз. Бул кабарды так ошол масилетте болуп, бирок бир аз тырчымайы бар адам айтып келди. Кызыктар алдыда окшойт. Үсөн аке ойгонуптур.

Булак: “Де-факто”

Видео - Иосиф Пригожин Атамбаевге продюсер болууга даяр экенин билдирди

Алмазбек Атамбаевдин ырчылык өнөрүн орусиялык телеканалдар дагы талкуулай баштады. Ал тургай анын өнөрүн баалаган белгилүү продюссер Иосиф Пригожин Атамбаевден сунуш болсо ага продюсер болууга даяр экендигин билдирди.

Активисттер Текебаевди эл алдына чыгып, жазган мыйзамы үчүн жооп берүүсүн талап кылышты

Жогорку Кеӊештин «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев кечээ, 7-июлда Бишкек шаарынын активисттери менен жолугушуп, ордо калааны көрктөндүрүү жана аны андан ары өнүктүрүү жаатында пикир алышты. Анда депутат тарабынан демилгеленген Бишкек шаарынын тарыхый борборлорун (көчөлөрүн) өнүктүрүү жана калыбына келтирүү боюнча мыйзам долбоору талкууга алынды. Текебаев мындай долбоор борбор калаанын көркүнө келтирүүгө, имараттарды жаңыртууга багыталганын белгиледи. «Анын эч зыяны деле тийбейт, андан көрө биз дагы өнүккөн өлкөлөрдүн катарын толукташыбыз керек. Ал үчүн биздин шаар бийикти көздөй өсүп, көп кабаттуу турак жайлар курулуп, эски үйлөрдүн ордуна жаңы мекемелерди куруу – азыркы заман талабы», – деди.

Бирок жыйынга катышкан активисттер анын бул сөзүнө ынанышкан жок. Алар Текебаевдин мыйзамын колдобой тургандыктарын айтышып, учурда бул мыйзамга каршы 2 миң кол топтолгонун айтышты.

“Элдер “биз менен макулдашпай эле баарын өздөрү каалгандай жасап жатышат” деп нааразы болушууда. Сиз элдин алдына чыгып, талаптарын угуңуз, суроолоруна жооп бериңиз. Эмне үчүн үй ээлери өздөрүнүн турак-жайларын кандайдыр бир риэлтордун көрсөткөн баасы менен сатышы керек? Биз буга макул эмеспиз. Балким, мен үйүмдү миллион долларга сатышым мүмкүн. Андыктан бул жерде отуруп алып мыйзам жазгандан мурда эл менен биринчи кезекте эсептешиш керек”, – деди активисттердин бири.

Депутат, бул мыйзам коомдук талкууга коюлганда, эл менен жолугуп, алардын дагы пикирин угарын билдирди. “Жарандардын кооптонуусуна анчалык деле негиз жок, алардын эски үйлөрү сатылса, жаңы үйлөр салынат. Кааласа сатып же болбосо жаңы тургузулган үйдөн турак жай алууга болот”, – дейт ал.

Кыргызстан Тажикстандан карызга электр энергиясын алууну көздөөдө

Жайкы мезгилде Тажикстандан кошумча электр энергиясын алуу маселеси 6-июлда өкмөттүк жыйында көтөрүлдү. Вице-премьер-министр Олег Панкратов буга байланыштуу тапшырманы “Улуттук электр тармактары” жана “Электр станциялары” ишканаларына тапшырды.

Өкмөттөн маалымдашкандай, Кыргызстан Тажикстандан электр энергиясын кайра кайтарып берүү шарты менен алмакчы. Мындай алмашуу Кыргызстандын Токтогул суу сактагычындагы жана Тажикстандын Вахш суу сактагычындагы сууну үнөмдүү пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет деп айтылат маалыматта.

Өткөн жылдары Токтогул суу сактагычына суу аз топтолгондуктан Кыргызстан Казакстандан электр энергиясын сатып алууга, ал эми Тажикстандан алмашуу шарты менен кошумча электр кубатын алууга мажбур болгон.

Ырчы Юлия Руцкая менен Атамбаевдин “ысык мамилесинин” сыры ачыла баштадыбы?

Өзү орус болсо да кыргыздын ырларын катыра ырдап, эл оозуна алынган Юлия Руцкая менен ажо Алмазбек Атамбаевдин ортосунда жылуу мамиле бар экени тууралуу мындан бир канча жыл мурда маалымат тараган. Ал эмес экөөнүн жашыруун жолугушуусун чагылдырган видео да интернетте тарап, коомчулук арасында дүрбөлөң болгон. Видеодо Руцкая Атамбаев жашаган үйдөн чыкканы, аны атайын машина менен шаардын борборуна жеткиришкени тартылган. Ошол кезде Атамбаев оппозицияда болгондуктан, атайын каралоо максатында муну бийликтин тапшырмасы менен УКМК жасаганын жар салып чыккан.

Балким жылуу мамилеси болсо болгондур, аны жашырган менен баары бир учуру келгенде ачыкка чыгат деңизчи. Бирок, жылуу мамилени жалгыз эле төшөккө алпарып такабай, жеке адамдык же чыгармачылык мамиле дагы боло тургандыгын унутпасак. Айтайын дегеним, акыркы күндөрү Атамбаев ичине катып жүргөн сырларын четинен чыгарып, жеке эле саясатчы, бизнесмен эмес обончу, ырчы экенин дагы жар салып, ырларын интернетте жарыялай баштады. Ал арада анын кызы Алия дагы атасын мактап, мурда ал ыр жазып, сүрөт тартып жүргөнүн айтып чыкты. Демек, ырчы Юлия Руцкая менен Алмазбек Атамбаевди ушул чыгармачылык өнөр жакындаштырып жүрбөсүн. Коңур үндүү ырчы кыз менен Алмаз мырза жолугуп, ырдашып, сырдашып жүргөндүр. Анын эмнеси жаман экен?..  Анын үстүнө президенттин аппаратынын маалымат кызматы дагы Атамбаев мөөнөтү аякташы менен саясий иштерге аралашпай, чыгармачылык менен алектене турганын билдиришпедиби. Буюрса эзелтен жакшы мамиледе жүргөн “эки ырчы” чогулуп дуэт жаздырып, элдин маанайын көтөрүп калса жакшы эмеспи…

Алтынбек Нурматов, журналист

Аликбек Жекшенкулов: “Балдарымды саясатка аралаштырбаганга аракет кылам”

Эл көзүндө жүргөн саясатчынын иши элге канчалык маанилүү болсо, ал адам тууралуу билүү да кызык эмеспи. Аликбек мырза да саясаттан сырткары кызыктуу маек берди.

– Аликбек мырза, ар бир адам өзүнө жаккан кесипти аркалагысы келет эмеспи. Элчилик сиз үчүн кандай кесип?

– Мен адамдын маңдайына тагдырын жазып коёт дегенге ишенем. 1980-жылдары болсо керек, биринчи жолу Ишенбай Абдуразакович Жапонияда иштеп жүргөндө, эмгек өргүүгө чыгып, биздин үйүбүзгө конокко келген. Анда Ишенбай агай жаш, кычырап турган кези болчу. Ал кишини көрүп, балалык кыялым менен “ушундай адамдарга окшош болсом” деген ой пайда болгон. Ал киши атам менен классташ эле, Фрунзе шаарындагы №5 мектепте чогуу окушкан. Эгемендүү мамлекет болгондо кийин менин да тагдырым өзгөрүп, кудайдын буйругу менен дипломат болуп калдым. Ойлобогон нерсе ишке ашып калды. Кыргыз дипломатиясынын туу чокусуна жетип, тышкы иштер министри да болуп иштедим. Азыр болсо профессор катарында жаштарга сабак берип, өзүмдүн буга чейинки алган билимимди, тажрыйбамды жаштар менен бөлүшүп жатам. Жаш муун менен аралашуу, баарлашкан мага кызыктуу.

– Ата-энеңиз кандай адамдар эле? Кимисине көбүрөөк эркелечүсүз?

– Атам менен апам экөө тең жогорку билимдүү кишилер эле. Атам техникалык илимдердин кандидаты, политехникалык институтта декан болчу. Апам болсо соода тармагында көп жыл үзүрлүү иштеп, дүкөндөрдө директор болгон. Алар өздөрүнүн принциптерин бекем сактаган адамдар болчу. Мени апам аябай эркелетчү. Алар мага көп деле катуу айтчу эмес, анткени мен алардын сөзүн угуп, айткандарын эки кылбай аткарчумун.

– Саясатчы болгонго чейинки турмушуңуз менен саясатчы болгондон кийинкиси кандай өзгөрүлдү?

– Саясатчы болгонго чейин мен ар кайсы жумуштарда иштеп, чиновник болгом. Ал кезде колуман келишинче профессионалдык дэңгээлимди жогорулатып, тапшырмаларды так аткарганга аракет кылчумун. Саясатчы болгондон кийин, өзүнчө максаттарды коюп, жоопкерчилигиңди сезип, сөзүң менен ишиң дал келгенге аракет кыласың. Активдүү саясатта жүргөндө 15-16 саат иштечүмүн. Азыркы ишиме 8-9 саат жетет. Бош убакытта китеп окуп же болбосо интернеттеги маалыматтардан кабардар болуп турам.

– Саясаттан чарчаганда кантип эс аласыз?

– Саясатта болобу же кызматта болобу, иштин баарын тил менен бүтүрбөй, тартипти бекем сакташ керек. Адамдык бийик сапаттар да маанилүү орунда турат. Иштеген ишиңе жан дилиң менен берилип, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп, элди ойлоп, уят болбоюн деп аракет кылсаң, сөзсүз ийгилик болот. Кээде мен саясаттан чарчаганда тоого чыгам, спорт залга барам, ат минем, балдарыма кошулуп алып ойнойм.

– Балдарыңыз сизге жакынбы?

– Бир ата-энеден болсо дагы, ар бир баланын мүнөзү, кыялы, шык-дарамети ар кандай болот эмеспи. Уулдарымды тартиптүү, адамгерчиликтүү, жоопкерчиликтүү болууга чакырам. Керек болгондо кеңештеримди берип турам. Ал эми кыздарга болсо аябай аяр мамиле кылам. Кыргызда илгертен бери келе жаткан кеп бар эмеспи, “кыздын кырк чачы улуу” деген. Ошол эле кезде мен балдарымды көп эркелетпейм, бирок неберелеримди эркелетем. Кудайга шүгүр, балдарымдын баары билимдүү, ар бири 4- 5тен тил билет, ар бири адистиги боюнча иштеп, профессионалдык дэңгээлин өстүрүүгө аракет кылышат. Мен аларды кичинекей кезинен бери эле эч кимге көз каранды болбой жүргүлө деп үйрөткөм. Бир нерсени баса белгилеп коеюн, мен балдарыма эч качан өз пикиримди таңуулабайм. Алар өзүлөрү кеңеш сурап турушат. Бирок сөзүмдү эки кылышпайт. Ал эми куда-сөөктөрүм жакшы, алар менен сылык жана сый мамиледебиз.

– Саясатчылардын көбү бул тармак оор экендигин айтып, балдарын аралаштыргысы келбейт го. А сизчи?

– Менин оюмча, ар бир бала өзүнүн жолун, тагдырын өзү тандап, ошого жараша иш алып барышы зарыл. Мен дагы балдарымды саясатка аралаштырбаганга аракет кылам. Бүгүнкү күндө мамлекетибизде саясат өтө туура эмес жолго түштү. Акты кара деп, караны ак деп, уруучулук, саткынчылык, туруксуздук, адилетсиздик өңдүү айрым саясатчылардын терс сапаттары эл арасында саясатчыларга ишенбөөчүлүктү жаратты. Мындай шартта балдар саясаттан алыс болсо экен деп ойлойсуң.

– Балдарыңыз материалдык жактан камсыз болсо керек, алардын каалаган кыялы орундалат деп түшүнсө болобу? Байлык менен бийлик адамды бактылуу кыла алабы?

– Сөзүмдүн башында белгилеп кеткенимдей, материалдык жактан жетишкен үй-бүлө болсок дагы, мен балдарды көп эркелетпейм. Напсиңерди тыйып, ар убак жөнөкөй болгула деп дайым айтам. Акча жагынан ар бирөө өз үй-бүлөсүн багууга, каалаган кыялдарын өзүлөрү чечкенге үйрөткөм. Бүгүнкү күндө кез-кезде өзүлөрү бизге жардам берип турушат. Эми өзүңөр билесиңер, менин башыман далай нерселер өттү. Кыргызда макал бар эмеспи, “Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет” деген. Так эле айтып коеюн, байлык менен бийлик адамды бактылуу кыла албайт. Дүйнө жүзүндө менин сөзүмдү тастыктаган мисалдар толтура. Андай мисалдар биздин мамлекетибизде дагы бар, аз эмес. Миллиарддарды жыйып, бийликтин туу чокусуна жетип, кийин кыйын, бактысыз жашоодо өткөн адамдар бар. Бакыт деген эмне? Ден соолугуң жакшы, ишиң кызыктуу, көңүлүң ток болсо, абийириң, балдарың, бир туугандарың, жакындарың аман-эсен болсо, алганың жаныңда болсо. Мындан артык кандай бакыт керек?

– Өз колуңуз менен ылай кармап, там салдыңыз беле?

– Өзүңдүн тамыңда жашаш үчүн сөзсүз эле ылай кармап кереги жок. Ал үчүн башыңды иштетип, ишмердүүлүгүң жана үй-бүлөгө камкордугуң менен тамга ээ болсоң болот. Бирок, жаш кезде ылай менен кирпич куйганбыз, аркабызга жүктөп цемент ташыганбыз. Ал эми азыр жашаган тамдарыма өз эмгегим менен жетишкем.

– Өзүңүздүн курагыңыздан жаш көрүнөсүз, карылык менен кантип күрөшөсүз?

– “Аялдын жашы өзүнүн көрүнүшүнө жараша болот, эркектин жашы анын сезимине, күчүнө жараша болот” деген сөз бар го? (Күлүп). Мен өзүмдүн жашымды сезбейм, күчүм бар. Кээде спортзалда жаш балбандар менен күрөшөм. Адам канча жашка чыкпасын, карылыкты ойлобой, өмүрүн ойлоп, келечекке умтулуп, сүйүү сезимин жоготпой, дүйнөдөгү жаңылыктарды билип, технологиялар менен таанышып, мезгилден артта калбаш керек. Өзүм болсо турмушта болгон кыйынчылыктарды жүрөгүмө жакын кабыл албаганга, майда-чүйдөгө көңүл бурбай, көп нерсени философиялык жагынан караганга аракет кылам.

– Спорттун кайсы түрү менен машыгасыз? Кайсы спортзалдарга барасыз?

– Мурун бала куракта күрөштүн грек-рим түрү боюнча машыккаммын. Спорттун бул түрүнөн спорттун мастерлигине талапкерликке чейин жеткем. Азыр болсо чуркап, көп жөө басып, велосипед тээп, ат минип, тренажердук залдарга барып машыгам. Досторумдун спортзалдары бар. Ошол жакка бир жумада 2-3 жолу барам. Спортзалдан кийин кадимкидей эс алып, кан жүгүрүп, өзүңдү аябай жакшы сезип каласың.

– Акыркы жолу коомдук транспортко качан түшкөнсүз?

– Ачык эле айтайын, коомдук транспортко көптөн бери түшө элекмин. Биздин шаар кичинекей эле эмеспи. Ошондуктанбы, көп учурда жөө басканды жакшы көрөм.

Булак: “ПолитКлиника”

Азирети муфтий Ангела Меркель менен жолугушат

Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолугушат. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда бүгүн, 7-июнда Германиянын Кыргызстандагы элчиси Петер Шольц муфтий Максатбек ажы Токтомушев менен жолугуп, аны 14-июнда Ангела Меркелдин катышуусунда өтө турган “Этникалар аралык мамилелер” аталышындагы жыйналышка катышууга чакырган. Жыйынга серепчилер жана диаспора өкүлдөрү катышып, анда диний темадагы маселелер талкууланат.

Азирети муфтий Германиянын канцлери Ангела Меркель менен болгон жолугушууга бара тургандыгын  айтып, атайын убактысын бөлүп келгендиги үчүн элчи мырзага ыраазычылыгын билдирген.

Эске салсак, Ангела Меркель 13-14-июлда Кыргызстанга расмий сапар менен келет.

Качкын Булатов: "Өлкөнү тоногон ууруларга Ак үй менен Көк үйдөн колдоо болуп турган"

ЦУМдун тегерегинде ачык жана көмүскө алтын сатуу өнөкөткө айланганы чындык эмеспи. Маалыматтарда Кыргызстанда жылына алты тонна алтын уурдалып жатканы айтылып келет. Ошол эле убакта көзөмөл кылчу бийлик жана күч органдары өзүлөрү жаап- жашырып, пайданы чогуу бөлүшүп жүргөнү жашыруун эмес. Мамлекетти ири зыянга учуратып, экономикалык диверцияга күч органы каршы иш алпарган жок.  Жакында эле Терексайдан эки оор жүк ташыган автоунаа алтын кум аралашма жүктөп бара жаткан жеринен кармалды. Бир эле автоунаадан 21 миң долларлык алтын концентраты чыкты, экинчиси эксперттен өтө элек. Ошондой эле Терексайдан сурма кенин басып алып, беш жылдан бери казып келе жатат. Бир дагы райондук же областык күч органы ушу убакка чейин үн ката элек. Мамлекетти ири зыянга учуратып, экономикалык диверцияга барып жатат – бул өтө оор кылмыш болуп эсептелет. Деги мамлекет бир чара көрөбү азыр белгисиз. Ушундай баш аламандыктын негизинен көпчүлүк уурулар интригаларды пайдалана берип, провокация уюштуруп, өзүлөрү ак карга болуп чыга келүүдө. “Макмалалтын” комбинаттын тегерегинде уурулар күч алганын көп жолу айтып келинген. Убагында генерал Токтокүчүк Мамытов уурулук орун алганын мойнуна алган, бирок канча көлөмдө уурдалып жатканын аныктай алган эмес. Мындай  кырдаалда объективдүү жана объективсиз шарта кылмыштын бетин ача албай койгон. Негизи өндүрүштү тушүнө билбегендиктен ишти эффективтүү алпаралган эмес.

Экинчи жагы Ак үйдүн көз карашына жараша иш кылып уурулукка каршы иш алып барган эмес. Күч органына кат жөнөтүү менен коргонуп келген. Ушундай эки ачекей, сапатсыз, орду жок иштин кырдаалынан уурулар пайдаланып жатат. “Макмалалтын” комбинатта уурулар клан – клан болушуп ээлик кылып келген. Бир ууру кланды кызматтан кетирсе экинчиси ээлеп, комбинат көмүскөдө колдон-колго өтүп турган. Ири акча ортодо жүгүрүп турганына Ак үй менен Көк үйдөн колдоо болуп турган. Ошо алтын концентратты тазалаш үчүн ар кайсы жерде көмүскөдө менчик цехтер ачылган, бири Максим Бакиевдин цехин “Ата Мекен” партиясы тоноп кетишкенин жакшы билесиңер. “Макмалалтын” комбинатта кызмат орундун ээлеп алууда өтө опурталдуу амалдар орун алган. Акча аркалуу колдоо таап, орун алышат. Болбосо провокация уюштуруп, Ак үйгө арыз жазышат, жергиликтүү депутаттар жөн отурбайт, айылда кошмо жыйын өткөрүп, райондук жыйын уюштуруп, кызыкчылыгын ишке ашыруга аракет кылышып келет. Ошондуктан жергиликтүү депутаттар өз ууру шумпайларын алып келүүгө, жанталаша иш алпарышып, тымызын сессияга такай провокациялык мааниде иш алпарышат. Таң калыштуусу мурунку ууру жетекчилердин кылмыш иши жөнүндө такыр үн катпай келишет. Анткени мурунку дирекция булардын тууганы,  булар аркалуу уурулук кылып келишкен. Ушу тапта азыркы дерекцияга каршы компания уюшулуп жатат. Жетекчини кетирип, өзүлөрүнүн адамын алып келүүгө аракет кылып жатканы калп эмес. Жергиликтүү күч органы ушундай жеке кызыкчылыгын ишке ашырууга аракет кылган үчүн, түпкүлүк ой-максатын изилдеп, диверциялык максатка чекит койсо, мыйзам талабы эмеспи. Президент Атамбаев Кумтөргө кылмыш иш козготту, бул жакшы өбөлгө. Ал эми “Макмалалтын” кениндеги ууру жетекчилердин үстүнөн кылмыш ишти козготуп, чыгымды өндүрүп, өлкөгө ондогон мектеп, бала бакча, ФАПтар салынып, элдин батасына ээ болмок. Аттин ай, ошону дагы кыла албай жатпайбы.  Ошондой эле ири уурулук кылмыш иштерге чекит коюлбаса, уурулар провокацияга барып, интригаларды күчөтө беришээри чындык.

Качкынбек БУЛАТОВ, укук коргоочу

Мамдуманын сайтында Путин кол койгон мыйзамдын тексти өзгөртүлдү

Кечээ кечинде Мамлекеттик думанын сайтында «Курал жөнүндө» мыйзамдын тексти өзгөртүлдү. Аны парламент июндун аягында кабыл алган эле. Бул тууралуу «Коммерсант» билдирди.

Мыйзамдын жаңы версиясында Орусия президенти Владимир Путин 3-июнда кол койгондой, куралды он жыл эмес, беш жыл кармоого уруксат берилет деп жазылган. Буга чейин Мамдуманын сайтында 10 жылдык мөөнөт белгиленген түрү жарыяланган болчу.

Мыйзам долбоорунун алгачкы вариантында 5 жылдык мөөнөт киргизилген. Бирок кийин ал айрым депутаттар тарабынан өзгөртүлүп, мөөнөт 10 жылга жогорулатылган жана мыйзам экинчи окууда кабыл алынган. Ага карабай президент алгачкы вариантына кол койгон. «Коммерсант» белгилегендей, мыйзам буга жол бербейт.

Думанын коопсуздук боюнча комитетинин төрага орун басары Дмитрий Горовцев президентти бул мыйзамдын күчүнө киришин токтотуп турууга чакырды. Ал долбоорунун текстинин өзгөртүлүшүн «болуп көрбөгөндөй окуя» деп атады. Мамдуманын вице-спикери Игорь Лебедев дагы Кремль менен Федерация Кеңеши бул окуя боюнча ички иликтөө жүргүзүшү керек деп белгилешти.

Парламент мыйзам долбоорунун бир версиясын кабыл алганы, ал эми президент башкасына кол койгону 5-июлда ачыкка чыкты. Кремлде бул дал келишпестикти парламенттин маалымат базасындагы ката менен түшүндүрүштү. Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, куралга 10 жылга уруксат берилиши керек деген сунуш мыйзам долбоорунун мурунку версияларында жазылып жүргөн. Бирок жыйынтыгында Мамдума беш жылга курал алып жүрүүгө жол берген документти кабыл алган. Ушул эле вариант Федерация Кеңешине түшүп, андан кийин гана президенттин колу коюлду деп билдирди Песков.

Камактагы Кадыров кайратынан жазбаптыр

Бийликти басып алууга аракет кылды деген шылтоо менен камакка алынган оппозиция лидери Кубанычбек Кадыров кайратынан жазбай, бийликчил соттондун адилетсиз чечимдерине мүңгүрөп калбай, акыйкат үчүн аягына чейин күрүшүүгө бел байлап турган чагы. Ал кечээ, Бишкектин Биринчи май райондук сотуна келгенде жакындары жана колдоочулары менен жүз көрүшүп, абалы жакшы экенин билдирди. “Мен бардык учурда спорт менен алектенип, машыгып келгем, азыр да аны таштаган жокмун. Анткени, алдыда дагы чоң кармаштар күтүп турат, биз бардык нерсеге даяр болушубуз керек”, – дейт Кадыров.

Эске салсак, кечээ, 6-июль күнү Бишкетин Биринчи май райондук сотунда абактагы оппозиция лидерлери Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнист Карыбековдун иши каралып, сот аларды дагы бир айга УКМКнын СИЗОсунда калтыруу боюнча өкүм чыгарды.

Видео - Казакстанда Нурсултан аттуу 80 бала президентке арнап ыр ырдады

Кечээ, 6-июлда, Чымкентте Астана күнүнө жана Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин туулган күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу жергиликтүү Ratel.kz порталы кабарлады.

Басылма жазгандай, мааракеде драма театрдын сахнасына Нурсултан аттуу 80дей бала чыгып, Назарбаевге арнап «Нурсултан-ата» деген мекенчил мүнөздөгү ыр аткарып беришти.

«Шаңдуу обон менен балдар өлкө башчысы жөнүндө ырдап, аны «ата» деп атап жатышты. Ырдын сөздөрүн ким жазса дагы, мээрим төгүп жазыптыр. Балдар ырды аткарууга чын ниетинен даярданышканы көрүнүп турду. Ырдын сөздөрү так угулуп, аткаруучулар тың кыймылдап жатты. Ырда балдар чоңойгондо Эл башчысындай болоруна үмүттөнгөнү белгиленген», – деп айтылат маалыматта.

Ыр аткарылып жатканда чоң экранда Нурсултан Назарбаевдин өмүр жолу жана жумушу жөнүндө тасма көрсөтүгөн.

Кыргызстанга Германия канцлери Ангела Меркель келет

Ангела Меркель 13-14-июлда Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Аны Алмазбек Атамбаев чакырган.

Сапар алкагында Меркель менен Атамбаев Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтык жана аны тереңдетүү боюнча бир катар маселелерди сүйлөшөт. Ошондой эле эл аралык жана Борбор Азияга таандык маселелер боюнча пикир алышат.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда Герман канцлери менен Кыргызстандын президенти биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүшөт.

Немис канцлери ошондой эле иш сапары алкагында ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков жана өлкөнүн жарандык коомчулугу менен жолугушат.

Ажолуктан чарчаган Атамбаев артист болууга бел байлады

Алмазбек Атамбаев 60 жылдык юбилейине карата өзүнүн аткаруусундагы ырларынан CD альбом жаздырып, жакындарына белек кылууну чечти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпысынан орус тилинде беш ыр жазылды. Аны үн режиссери Эрнист Үмөталиев президенттин иш бөлмөсүндө жаздырып, Атамбаев ага бир сааттай убактысын короткон. Ал эми август айында өргүүгө чыкканда кыргызча дагы беш ыр жаздырууну пландап жатат.

Атамбаевдин ырларына досу кинорежиссер Фуркат Турсунов советтик эски кинолордун айрым бөлүктөрүн алып клип жасап, интернетке жарыялайт.

Ошондой эле президенттин маалымат кызматы Атамбаев 2017-жылы жаңы президент шайлангандан кийин мамлекеттик жумуштарды аркалабай турганын жана чыгармачылык менен алектене турганын маалымдады.

Эске салсак, Атамбаевдин “Судьбе назло” жана “Я не могу без тебя жить” атуу эки ыры интернетке жарыяланды.

Өзбекстандан өткөрүп алган пансионаттардын аталыштары өзгөртүлдү

Ысык-Көл облусунда жайгашкан Өзбекстандын пансионаттары Кыргызстандын карамгына өткөнүнө байланыштуу аталыштары өзгөртүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, буга чейин башка тилде аталып келген пансионаттардын аталыштары кыргызчаланды. Ага ылайык, “Рохат” пансионаты – “Алтын жай”, “Дилором” пансионаты – “Эне-Сай”, “Золотые пески”  пансионаты – “Бостери” деп аталды. Ал эми “Бустон” пансионатынын аты өзгөргөн жок.

Видео - Алмазбек Атамбаевдин "Мен сенсиз жашай албайм" аттуу дагы бир ыры чыкты

Алмазбек Атамбаевдин “Мен сенсин жашай албайм”  (“Я не могу без тебя жить”) аттуу дагы бир ыры интернетте жарыяланды. Ажонун айтымында ырдын сөзү Николай Асеевге таандык, ал эми музыкасын өзү жазган.

Башпрокурор Индира Жолдубаева декреттик эс алууга камданып жатабы?

Эсиңиздерде болсо буга чейин Башкы прокуратурада иштеген эркек прокурорлор декреттик өргүүгө чыгаарын угуп, “тообо” деп жакабызды кармаган элек. Кийин ал эргулдар жумушун сактап калуунун айласын кылып, ушундай ыкманы колдонуп келгени ачыкка чыккан. Узун кулактардан укканыбызга караганда башпрокурор Индира Жолдубаева дагы жакында декреттик өргүүгө камданып жатыптыр. Жөн эле эмгек өргүүсүнө кетсе таң калбайт элек, бирок декретке чыгып жатканынын артында кандайдыр бир “секрет” жокпу? Экс-башпрокурор Аида Салянованы дагы ушундай эс алууга чыгарып туруп, анан акырын четке сүрүп коюшпады беле. Бул дагы ошол сыяктуу Жолдубаеванын жомогунун аягы болуп жүрбөсүн…

Бектур Асанов: Атамбаев мамлекетти башкара албайт

Алмазбек Атамбаев мамлекетти башкара албайт. Мындай пикирин абакта жаткан оппозиция лидери Бектур Асанов кечээ, Биринчи май райондук сотуна келген учурда билдиргенин жаш активист Адил Турдукулов фейсбуктагы баракчасында жазды.  Анын айтымында Б.Асанов бул сөзүн коомчулукка жеткирип коюну өтүнүптүр.

Эске салсак, кечээ, 6-июль күнү Бишкетин Биринчи май райондук сотунда абактагы оппозиция лидерлери Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнист Карыбековдун иши каралып, сот аларды дагы бир айга УКМКнын СИЗОсунда калтыруу боюнча өкүм чыгарды. Сотко келген оппозиционерлер бийликтин кысымы аларды чөгөлөтө албай тургандыгын жана акыйкат үчүн аягына чейин күрөшүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Өкмөт башчы Өзбекстан менен алаканы чыңдоо зарылдыгын билдирди

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргызcстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыковду дипломатиялык миссиясынын башталышына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков бир катар тийиштүү тапшырмаларды берип, жаңы элчи өзүнүн иш тажрыйбасын келечекте Өзбекстан менен мамилелерди мындан ары карай өнүктүрүүгө жумшаарына ишеним билдирди. Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин менен өзбек презмденти Ислам Каримовдун 2016-жылдын 24-июнунда Ташкент шаарындагы жолугушууусун эске алуу менен Өзбекстан менен бардык маанилүү багыттар боюнча кызматташууну активдештирүү жана коңшулук алаканы чыңдоо зарылдыгын белгиледи.

Тактап айтканда, премьер-министр Кыргызстан жана Өзбекстан аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөт аралык комиссиянын, ошондой эле мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

Табылды Акеров, саясат таанучу: "Байкаган адамга Конституция өзгөрүп, парламент таркай тургандыгы анык болуп калды"

Акыркы мезгилде президент өлкөнүн Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесине кайрадан кайрылып, бул маселе боюнча күзүндө атайы аракеттер көрүлө тургандыгы айтылып, бир топ саясатчылардын бүйүрүн кызытты. Бул маселе өзгөчө ЖКнын депутаттарынын номер биринчи проблемасына айланды. «Бирбол» фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова Конституцияга өзгөртүүлөр кирсе, ЖКнын тарай тургандыгын ачык айтып салып топту жарды. Ал «чыдай тургула, аз калды, күзүндө парламент таркатылып, сүйүктүү президентиңер менен эле каласыңар» деп парламенттин тарай тургандыгын билдирип, ары коркутса, ары коомчулукка күздө боло турган процесстер жөнүндө кулак кагыш кылды. Кантсе да юрист эмеспи. Анын сөзү аткан октой тарап, депутаттарды каникул алдында бир топ бушайман кылды.

Буга үстөккө-босток саясат таанучу Б. Бакетаев мен кийинки президент ким болоорун билем, азырынча айтпай турайын, себеби адеп Конституцияны өзгөртүшүбүз керек деп билдирүү таратты. Башкача айтканда Президенттик шайлоолор да мөөнөтунөн мурда боло тургандыгы каңкысталды. Эгер чын эле күздө Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилсе, парламенттин таралышын бөркүндөй көр деп, жүрөгүн тызылдатып сайгылап жаткан маселени ачык айтып жибергендер да болду. Ошол күндөн ушул күнгө чейин саясатчылар да, депутаттар да Ак үйдү тиктеп, качан дагы эмне болуп кетпегей эле деп кулак түрүп келишет. Ошондуктан, бүгүн Ак үйдө күнү да, түнү да уктабай Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси талкууланып, бул иш кызуу жүрүп жатканы баарына анык болуп калды.

«Дубалдардын да кулагы бар» дегендей күбүр-шыбырлар сыртка элге чыгып жатканы да бекер эместей болуп калды. Ошондой болсо да, айрым депутаттар “биз бул парламентти тарабайт, өз мөөнөтүнүн аягына чейин иштейт” деген жобо киргизип алабыз деп өзүлөрүн сооротмок болушту. Бирок, аларга “силер эмне Акаев-Бакиевдин доорунда жашап жаттыңар беле, ал кез эбак эле өтүп кеткен. Бул жолу андай болбойт, парламент тарайт” деп каяша кылып, аларды кесе кагып салышты. Акырында Конституцияга өзгөртүүлөр кирип жатса, анда президент да, парламент да кайра шайланышы керек болуп калат эмеспи, ошого президенттик шайлоолор мөөнөтүнөн мурда болот деп жатышкан турбайбы дешип, мандаттарынын мөөнөтү бүтүп калгандагын туюшуп тарап кетишти.

Ошол эле учурда, депутаттар “парламент тарайт, таркабайт, тарайт” деп талашып жатканда, парламенттин сыртында, “Конституция өзгөрсө, булардын чарбасы бүтүптүр да” деп, парламенттен сырткаркы саясий партиялар жаңы парламенттик шайлоолорго дайындыктарды көрө баштагандыгы белгилүү болду. Күндөн күнгө парламентти тарайт деген сөз басымдуу болуп баратат, эгер референдум болуп, Конституция өзгөрсө парламент таркай тургандыгын бөркүңүздөй эле көрүңүз, байкаган адамга бул анык эле болуп калды, калганын күздөгү жүрүштөр көрсөтөт.

Табылды Акеров, саясат таануучу

Булак: Кyrgyztoday.kg

Украинанын Кыргызстандагы элчилигинин билдирүүсү: "Россия Федерациясы Украина аймагынан Кыргызстанга эл аралык транзиттик жүк ташууга чектөө киргизди"

2016 жылдын 3 июлунда Россия Федерациясынын Президентинин «Россия Федерациясынын Президентинин 2016 жылдын 1 январында чыккан № 1 Указына «Украина аймагынан Казахстан аймагына Россия Федерациясынын аймагы аркылуу эл аралык транзиттик жүк ташууну ашыруу учурунда Россия Федерациясынын экономикалык коопсуздук жана улуттук кызыкчылыктарын  камсыздоо чаралары тууралуу»  өзгөртүү киргизүү» боюнча Указы жарыяланды.

Жогорудагы айтылган Указына ылайык Украина аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ашырылган эл аралык жеңил унаа жана темир жол транзиттик жүк ташуулар бир катар шарттарын аткаруусу менен Беларусь Республикасынын аймагынан гана өтө ала турган фактысына Украина Элчилиги көңүл бурат.

Андан тышкары, Россия тарабынан жеңил унаа жана темир жол жүк ташууларга убактылуу тыюу киргизилген, аларга жана 06.08.2014 ж. № 560 «Россия Федерациясынын коопсуздугун камсыздоо максатында айрым атайын экономикалык чараларды колдонуу» боюнча Россия Федерациясынын өкмөтү тарабынан бекитилген тизмеге киргизилген айыл-чарба продукциялары, сырье жана азык-түлүк товарларына Россия Федерациясында Евразия экономикалык биримдигинин Бирдиктүү бажы тарифи аныкталып киргизилген салык чени колдонулат.

Украина мындай кадамды Россия Федерациясы тарабынан Украинага каршы «гибриддик согуш» аттуу экономикалык компонентинин көрүнүшү деп баалайт. Россия Федерациясы эл аралык укуктарынын нормасын орой түрдө бузууну улантып жатат, ошону менен өзүнүн улуттук кызыкчылыктарынан пайдаланып, экономикалык зыянды Украина экономикасына гана эмес башка коңшу өлкөлөрдүн экономикалык кызыкчылыктарына да келтирет. Белгилей кетсек, дүйнөлүк экономика – бул өз ара байланышкан жана бири-бирине көз каранды болгон организм, анын чегинде саясий умтулган аракеттер экономикалык агрессиянын объекти болгон улуттук экономиканын туруксуз абалына гана эмес, дүйнөлүк сооданын баардык катышуучуларына түзөлбөс зыян алып келет.

Россия Федерациясы тарабынан өзүнүн аймагы аркылуу өткөн Украина товарларынын транзиттик чектөөсү Россия да кол койгон V ГАТТ 1994 статьясына жана Дүйнөлүк соода биримдигинин бажы кодексине ылайык эркиндик транзитинин режимин бузуу экенин Украина Элчилиги баса белгилейт.

Росиия тарабынын иштерине карабастан, Украина өзүнүн товарларын Борбор Азия жана Кытай региондоруна жеткирүүнүн альтернативдик багыттарын издөөгө баардык күч-аракеттерин жумшоону улантат. Ушул максат менен 2016 жылдын 15 январында орус багытына альтернативдүү болгон Украина товарларын жеткирүү үчүн жаңы Украина-Грузия-Азербайджан-Казахстан-Кытай багыты ачылган. Бул маршрут Жибек Жолунун жаңы багыты болуп саналат, ал катташ жолдор менен жүктөрдүн Россия аймагын айланып, чыгыш багытына бурууга мүмкүнчүлүк берет. Жаңы маршрут Кара жана Каспий       деңиздеринин паром кечимин (Ильичевск – Батуми жана Алят – Актау-порт) бириктирет жана салттуу кургактагы багытка салыштырмалуу атаандаш багыт болушу керек.

Бул жагдайда Украина Элчилиги украина жана кыргыз товар өндүрүүчүлөргө жана жүк ташуучуларга өзүнүн ар тараптуу жардамын жана Россиянын Украинага каршы уланып жаткан экономикалык согушунан улам Украина менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы товар алмашуунун негативдүү таасирин төмөндөтүүгө колдоосун бергенге даяр.

Украинанын Кыргызстандагы элчилиги

Тарыхчы Табылды Акеровдун «Каркырахан. Улуу Кыргыз каганаты» атуу китеби Германияда жарык көрдү

Тарых илимдеринин кандидаты,  Кыргызстан эл аралык университетинин  доценти , саясат таанучу Табылды Акеровдун кыргыз тарыхы тууралу илимий эмгектери илим дүйнөсүндө кызуу талкуу жаратып, дүйнөгө тарай баштады. Жакында эле «Каркырахан. Улуу Кыргыз каганаты» атуу китеби Германияда жарык көрдү.

Ошондой эле Германия тарап Табылды Акеровдун «Кыргыздар: этногенез жана тарых» аттуу китебин,  анын илимий макалаларынын жыйнагын чыгарууну көздөп жатат.

Ал эми акыркы учурларда Орусиянын илимий журналдарында Табылды Акеровдун 10 дон ашык илимий макалалары жарык көрдү. Ал орусиялык окумуштуулар менен тыгыз иш алып барып, алардын бир даарынын илимий эмгектерине рецензент болууга жетишкен.

Табылды Акеров акыркы мезгилде Алтын ордонун Кыргыз мамлекети болгондугун илимий негизде далилдеп келүүдө жана  “Алтын ордо Кыргыз мамлекети болгон” аттуу илимий эмгек жаратты.

Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов кыргызды көркөм адабий чыгармалары менен дүйнөгө таанытса эми уучубуз куру эмес экен тарыхчы Табылды Акеров илимий тарых китептери менен дүйнөгө таанытчудай болуп калды.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Испан соту Мессини эки жылга эркинен ажыратты

Аргентиналык футболчу Лионель Месси менен анын атасы Хорхе Мессини Испан соту 21 айга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маалыматка караганда Месси менен атасы уругвайлык юристтердин жардамы менен Mega Star Enterprises офшордук компаниясын түзүп, ал аркылуу өз кирешесин жашырып келген.

Эске салсак, өткөн жылдын декабрында сот футболчунун 2012-2013-жылдары кайрымдуулук оюндарынан түшкөн киреше салыгын төлөөдөн баш тарткандыгы үчүн коюлган күнөөнү алып салган. Мында Барселонанын прокуратурасы уулунун каражатын жашырууга жардам бергени үчүн Хорхе Месси жазаланышы керектигин белгилеген эле.

 

Видео - Рамазан айы бул жылы өтө кандуу болду

Быйыл касиетүү Рамазан айында дүйнө жүзүндө бир топ кол салуулар, жардыруулар болуп, бейкүнөө адамдардын каны төгүлдү. Өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган радикалдык топ АКШ, Түркия сыяктуу өлкөлөрдө, ал эле эмес жалпы мусулмандардын ыйык жери саналган Мекке шаарында дагы бир нече кол салууларды уюштурду.

Өкмөт башчы ИИМ жетекчиси Жунушалиевге орусиялык туристтердин катышуусундагы чатакты териштирүүнү тапшырды

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда,  ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Орусия жарандарынын катышуусунда орун алган чатакты териштирүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында орусиялык туристтер Ысык-Көлгө кетип бара жаткан жолдо тоноого учураганы тууралуу маалымат тараган эле.

Кашкар Жунушалиевдин айтымында, аталган маселе боюнча ыкчам топ түзүлүп, анын жыйынтыгы менен тийиштүү чаралар кабыл алынат.

Өкмөт башчы мындай окуяларга тез арада көңүл буруп, келген коноктор жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу ишин күчөтүү тапшырмасын берди.

Атамбаев жаңы жетекчи Шаршенбиевдин шагын катуу сындырды

Жакында Жогорку Кеңеште жаңы дайындалган министрлер менен комитет башчылары ант беришти. Ант берүүгө Алмаз Шаршенович катышты. Ал адатта көңүлүнө толгон кадрларды кол алышып кучактап, далысынан таптап куттуктайт эмеспи.

Мисалга алсак, Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев ант бергенден кийин президент куттуктап, далысынан эки-үч жолу таптап жиберди. Албетте Дүйшөн мырза өз ишин так жана таза аткарган мыкты кадрлардан. Ал эми ошол эле жерден мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагалыгына бир топ эл өкүлдөрүнүн нааразы болгондугуна карабай шайланган Бакыт Шаршенбиевге колунун учун гана берип, көңүлүнө толбогон кадр катары мамиле кылды.

Муну менен эмнени айткыбыз келет? Шаршембиевдин буга чейин Исхак Масалиев көтөрүп чыккан, “Кыргызтелекомду” банкрот кылганы ажобузга деле жетсе керек, болбосо эмнеге колунун учун берип шагын сындырмак эле. Ишеничти актайбы же ишин баштагыдай иритеби? Эмнеси болсо да көрө жатарбыз.

Булак: “Фабула”

Жогорку сот Аскаровдун ишин карай баштайт

11-июлда Жогорку сотто Азимжан Аскаровго тиешелүү кылмыш иши карала баштайт. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Ишти кайра кароого Аскаров жана анын жактоочусунун өтүнүчү себеп болду. Аскаровдун ишин Жогорку соттун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар боюнча коллегиясы карайт. Жараян ачык өтөт.

Азимжан Аскаровдун иши боюнча жаңы ачылган жагдайлар Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комитетинин чечимине тиешелүү болду. Ал кыргыз бийлигинен укук коргоочуну бошотуп, айыптаган өкүмдү жокко чыгарууну талап кылган.

Комитет өз чечимин Аскаров мыйзамсыз кармалган, кыйноого алынган, оор шарттарда кармалган деп түшүндүрдү. Жергиликтүү укук коргоочулар комитеттин бул чечимин колдошту.

“Дордойдун” доорунун бүтөөрүнө Жумабек Салымбеков салым кошобу?

Элибизде “Кедей байга жетсем дейт, бай кудайга жетсем  дейт”-деген кеп бар эмеспи. Анын сыңары азыркы кыргыз байларынын “алтын сабында” турган, Азия чөлкөмүн соода-сатык менен кучагына алган “Дордой” базарынын ээлери болгон Салымбековдордун болгон сайын “болсун” деген нысапсыз аракеттери, карапайым элдин карды ачын ойлобой, оңтойсуз кадамдарга барганы Салымбековдордун кудайга жетсек дегени же “Дордойдун” доорунун бүтүп бара жатышыбы деп турабыз. Учурда “Дордой-Жунхай” соода базарынын айланасында базардын жетекчилиги менен соода сатык кылган карапайым элдердин ортосунда келишпестик күчөп турганын айтышууда. Анда “Дордой” базарынын директору Жумабек Салымбеков ондогон соодагерлердин жерин ар кандай себептер менен ордуларынан жылдырууну пландап, ансыз да өрт коопсуздугу сакталбаган базар ичине, “опетитин” ачкан Салымбеков, даагы ондогон контейнерлерди коюуну көздөп жатыптыр. Кудайга кол сунам дегени ушул. Болбосо, базардын ичинен өрт коопсуздугун камсыз кылган машине эмес, эки аяк адам баса албасын Кыргызстандын теңи эле билсе керек. Кудай сактасын, бирок сактанганды да сактайт эмеспи, капысынан өрт чыгып кетсе (мындай окуялар көп эле болуп жатпайбы) жайнаган Салымбековдор  чакалап өчүрүп эле калбаса, тилсиз жоого чөнтөк тиреген акча саман эле болуп калбайбы. Ооба, базардагы башаламандыкка “Дордой” ээси Аскар Салымбековдун салымы аз, аны азыркы директору Мааткабыл атанын небереси Жумабек Салымбековдун салымы десек болот. Жумабек мырзанын жумурай журтту сыйлабаган, маданият, намыс, уят, арбак дегенди билбеген, “акчаң болсо таңкасын” деген сокур сезимдеги бала экенин, баягы балеттеги “балит” оюндарга барып сайран курганда эле билбеди белек. Болбосо, өзү шаардык кеңештин депутаты, шаардагы мыйзамсыз шаан-шөкөттү токтотуп, чара көрүп, жумурай журтка жарыялап, уяткарып, “арбак сыйлабаган акмактар” деп, биринчи кыйкырып чыга турган жерде эмес беле, жок, өзү ичимдик ичкен кайдагы “киргизбайлар” менен туулган күн тосуп олтурат. “Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө караганган” сыңары Салымбеков чакырса барганын айтып гана кутулду. Кутулду…? Кутула элек, ал арбактар алдындагы эпсиз иши үчүн кудайга кол сунган нысапсыз жоруктары менен кутулмак турсун, “көргөндөн көрө элеги көп” деген, түз жолдун, ийрисинде кетип баратат. “Дордойдун” дооруну бүтөөрү жакындап калды деп, төлгө ташын тартып турганыбыздын деле төркүнү ушул. Маданиятын, элин сыйлабаган жетекчи эл арасында болооруна кимиң ишенесиң. Эл менен эл эмессиңби. Бирок, көзүнө көгөргөн акчадан башканы көрбөгөн Жумабектин жукалыгы мына ушунда. Мындай жетекчи дордойдун доорун өзү сүрүп, базардын багын байлаганы калган окшобойбу.

Учурда кризис дегениң кимди гана кекиртектеп турбаган жок. Өзгөчө кризис мына ушул базарды да торуду. Бажы союзуна киргенибиз, базарды байыткан курт жеген кытайлардын келишине чек койду. “Дордой” базары кадимкидей шалдырай түштү. Мүмкүн элге деле зыяны болду. Бирок, жолду “элге эмне кылып жардам беребиз” деген менен изденбеген Жумабек Салымбеков кыргыз ишкерлерин четинен чертип, акчасын бураган кытайларга көз артып, чоң аялдын көчүгү араң айланган базарга, балит кытайларды кирзизип, кыргыздарды сыздатканы турганын угуп Жумабектин “жоруктарын” эстеп, жолуң болсун баатыр деп дедик. Аз күндө ал жайда “айбанчылык” менен коштолгон окуялар деле чыгып кетүүсүнөн чоочулап турабыз. Мунун баары Жумабектин журтуна кылган “жубарымбектигинен” улам болот окшобойбу. Кулак түрүп туралы журналистер журту. Не кеп болот. Сыягы, Салымбековдордун сан жылдык доорунун “сасыган жемкорлуктары” да кылтыят өңдөнүп калды. Ажо Атамбаевдин акыйкат бийлигинин камчысы, “Дордойго доо кыла албайт, 10 миң киши бар” дегендердин астанасын да айланчыктайт окшойт.

Аалыбек Шатманов, журналист

Кыргызгидромет: 7-июлдан 11-июлга чейинки аба ырайы

КР ӨКМ Гидрометеорология боюнча агенттигинин 7-июлдан 11-июлга чейин күтүлгөн аба ырайы боюнча шашылыш билдирүүсү:

2016-жылдын 6-июлунан 7-июлуна чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.  Бишкек шаарында7-июлунда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн экинчи жарымында ала-булут каптап, кечке жакын  жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 15…17°, күндүзгү жогорку температурасы 27…29° жылуу болушу күтүлөт.

Ош шаарында7-июлунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 16…18°, күндүзгү жогорку температурасы 27…29° жылуу болушу күтүлөт.

7-июлунда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк  аймактарында, калган облустардын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден,  айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.     

8-июлунда Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, күндүз жаан-чачын кээ бир тоолуу райондордо күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

9-июлунда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.    

 10-11-июлунда жаан-чачын күтүлбөйт.  Абанын температурасы жогорулайт.

Видео - Бишкек-Ош жолунда номуру жок кара автоуна менен жол четине кысып, пистолет такап, 300 миң сом тоноп кетишкен каракчылар 5 күндө колго түшүрүлдү

Мындан 6 күн мурун, 30-июнь күнү болжол менен саат 17.00 чамасында Сузак районунун Ырыс айыл округуна караштуу Бишкек-Ош автожолунун 560 чакырымында, Ош областынын 1982-жылы туулган А. И. аттуу жараны “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү автоунаасы менен Ош шаарына бара жаткан учурда, мамлекеттик белгиси жок кара автоунаа келип, жолдун четине кысып токтотуп, бейтаныш, азият улутундагы жаштары болжол менен 25-30 чамаларындагы эки атуул, айдоочуну пистолет менен коркутуп, унаасындагы 300000 (үч жүз миң) сом акчасын алып, кол телефонун сындырып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкен.  

Аталган факт боюнча, кылмыш иши козголуп, Жалал-Абад ОИИБнын жана Сузак РИИБнүн кылмыш  иликтөө бөлүмү менен биргеликте ыкчам тобу иш алып барып,  натыйжада кылмышка шектүү катары атуулдар:  Жалал-Абад шаарынын  1994-жылы туулган  Д.А. , Сузак районунун 1994-жылы туулган М.А, Жалал-Абад шаарынын тургуну М.Ж. кармалышып, Сузак РИИБнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Шектүү Ж.Мнын  көрсөтмөсү менен калыстардын катышуусунда Жалал-Абад шаарынын имараттарынын биринде темир бочканын ичинен аскердик сумкадан төмөндөгү куралдар алынган.3 даана 12 калибрдеги сайсыз мылтык (стволу кыркылган), 1 даана16 калибрдеги сайсыз мылтык (стволу кыркылган), 1 даана  тапанча пистолет, бир даана магазини төрт огу менен алынып, алынган куралдарга карата соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып тергөө амалдары жүргүзүлүүдө

Ошондой эле аталган кылмышка шектүүлөр  башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныктоо максатында тергөө иштери улантылууда.

https://www.youtube.com/watch?v=8XUQT-FMeoI

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард долларга чукулдап калды

Июндун башына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 3 миллиард 945 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, мамлекеттик карыздын эң чоң бөлүгүн –  3 миллиард 698,2 миллион доллар өлчөмдөгү тышкы карыз түзөт.

Кыргызстан Кытайдын Экспорт-импорттук банкына 1 миллиард 394,7 миллион доллар бересе. Ал өлкөдөгү ири инфраструктуралык долбоорлорго насыя бөлүп келет. Андан кийин Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы жана Азия өнүктүрүү банкы турат.

Орусия, Эл аралык кызматташтык боюнча жапон агенттиги (JICA), Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга ири өлчөмдө насыя беришкен.

Ички карыз 246,6 миллион долларды түзөт. Анын эң чоң бөлүгү – 170,3 миллион доллар – өкмөттүн мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча милдеттенмелери болуп саналат.

Белгилей кетсек, мамлекеттик карыздын көлөмү өлкөнүн ички дүң өнүмүнө (ИДӨ) карата 60%га жетип калды. Мыйзам бул чектен ашууга жол бербейт. Бирок өкмөт сырттан каражат тартууну улантуу үчүн парламентке бул бөгөттөн ашууга уруксат берген мыйзам долбоорун сунуштады.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Меню