6-чакырылыштын депутаттары келери менен эле артыкчылыктарынан баш тартууга камынганы баарыбызга эле маалым. Деген менен арадан 9 ай өтсө да, ага караманча каршы болгон эле өкүлдөрү аз эмес. Айрымдары алар үчүн түзүлгөн шарттарды депутаттык артыкчылык деп айтканга да оозу барбастыгын так айтат. “Бейтарап” программасы бул чыгарылышында депутаттык артыкчылыктын күнгөй-тескейи тууралуу сүйлөшүп, “Баш тартуу керекпи?” деген суроонун алкагында аталган мыйзамдын ээлери болгон “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев жана КСДП фракциясынын депутаты Карамат Орозова менен биргеликте талкуу уюштурдук.
– Карамат айым, сиз бул мыйзам долбооруна башынан эле каршы болуп келе жатасыз. Сиздин пикириңизде депутаттык артыкчылыкка кандайдыр бир чектөө болушу керекпи?
Орозова: -Алгач “депутаттык артыкчылык” дегенди жакшылап түшүнүп алышыбыз керек. Депутат мамлекеттин эсебинен жеп, мамлекеттин эсебинен жашап, дарыланса, ошонун баары депутаттык артыкчылык болот. Азыркы депутаттык статус жөнүндө сунушталып жаткан долбоор артыкчылыкка жатпайт. Себеп дегенде учурдагы депутаттар кызматтык үйдө убактылуу жашап, мөөнөтү бүткөндө бошотуп берет. 1-2-3-чакырылыштын депутаттарында аябагандай чоң артыкчылыктары бар болчу. Ошол убакта мыйзамдуу түрдө, токтомдун бекитилүүсү менен эл өкүлдөрүнө үйлөр менчиктештирилип берилген. 2008-жылы 4-чакырылыштын депутаттары депутаттык статус жөнүндө мыйзам кабыл алып, менчиктештирип алуудан баш тарткан. Биз депутат деген кызматты салыштырмалуу билишибиз керек. Кызматтардын улуктуулугу боюнча атайын мыйзам бар. Эгер артыкчылык деп атап, андан баш тарта турган болсок, өкмөттүн башка тузүмдөрүндө да кеңешчи, жардамчылары жана башка артыкчылыктары бар. Анда алардан да баш тартыш керек болот. Ошол себептүү мен бул долбоорду туура эмес деп эсептейм.
– Мыйзам долбоор буга чейин да көтөрүлгөн. Азыр сунушталып жаткандын мурдагыдан кандай өзгөчөлүктөрү, айырмачылыктары бар?
Тиллаев: – Жуурканга карап бутту сун деген кыргызда жакшы макал бар. Бюджетти 24 млрд менен кабыл алып отурабыз. Негизи 40 млрд болушу керек эле. Мындай абалда эл өкүлү болгон соң алардан артыкчылыктуу болбойлу деп жатабыз. Биз азыркы учурда кызматтык жардамчыдан жана унаадан баш тартабыз. Анткени бул экөөнөн баш тартуу депутаттык ишмердүүлүккө татаалдык туудурбайт.
– Сиз айткан артыкчылыктардан баш тартсак, биздин бюджетке канчалык пайда түшөт?
Тиллаев: – Биздин эсеп боюнча 100 млн сомдон көп пайда түшөт. Иш башкармалыгынын 6 айлык жумуш боюнча берген отчетунда 60 млн сом үнөмдөлгөнү маалым болду. Мен ойлойм, бул суммага эки мектеп курулат.
– Бул аракеттер киреше булагы болуп бере алабы же жөн гана популизмдик кадамдарбы?
Орозова: – Бул чындап эле популизм. Биз мындай киреше булагын башка жактан да издеп тапсак болмок. Бул чакырылыштагы партиялар келерден мурун киреше табуу боюнча көп пландарын айтып келишкен. Ошолорду ишке ашырып, завод-фабрикаларды куруу менен тапсак да болмок. Мыйзам сунуштоодо эки жагын тең караш керек. Ал адамдардын жашоо турмушун татаалдаштырбашы шарт. Алсак, биз 60 млн сомду үнөмдөгөнүбүз менен 120 жардамчы жана 120 айдоочуну жумушсуз калтырдык. Алар башка жумушка орноштубу, аларга компенсация төлөндүбү, бул боюнча эч ким ойлонгон жок. Совет учурунда комсомолдук жаштар комитети болуп, кадрларды даярдап чыгарат болчу. Кийин ал жоюлуп, кадр маселеси курчуду. Ошол үчүн депутаттардын жардамчылары 5 жыл мыйзам менен иштеп, даяр кадр болуп чыгуусуна жол ачылган эле. Бул жагынан алып каранда да мыйзамда мүчүлүштүктөр бар экени байкалат.
– Унаа менен атайын кызматтан баш тартуу, депутаттардын ишмердүүлүгүнө канчалык таасирин тийгизет?
Орозова: – Демилгечилер аны да эсептеп чыгыш керек эле. Депутаттык кызмат ары түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү жумуш. Мурда эл өкүлдөрү округдар менен иштешсе, азыр бүткүл өлкөнү кыдырууга туура келет. Азыр кеңешчи жардамчынын ролун аткарып калды. Мыйзамды депутат өзү жалгыз иштейт. Аталган эки нерседен баш тартуу менен жумуштагы эффективдүүлүк азаят. Бул да менчиктештирүү сыяктуу бир эки жылда өз таасирин берет. Өнүккөн өлкөлөрдү карасаңыз мыйзам иштеп чыгуучу чоң институттар бар. А, ЖКда экспертиза бөлүмүндө болгону беш эле кызматкер иштейт. Учурда Кыргызстанда көптөгөн тармактарда реформалоо жүрүп жаткандыктан, бардык органдар мыйзамдарды өзгөртүүдө, иштеп чыгаарда анализдеш керек. Муну кыскартуу менен айрым фракцияларга кошумча берилип калды. Ошентип орун алмашууда сумма өзгөрбөй келет.
Тиллаев: – Бизге берилген мүмкүнчүлүктөн эл үчүн баш тартсак популизмге кирбейт. 120 айдоочу жана кызматчынын жумуш орду жоюлуп кетти дегенге каршымын. Анткени бир чакырылыштын мөөнөтү бүтсө, айдоочусу да, кызматчысы да штаттан чыгарылат. Жаңы келгендер өзүлөрүнүн адамдары менен келет. Бюджет тартыш болуп жатканда эл өкүлү катары депутаттар биринчи өзүбүздөн башташыбыз керек. Андыктан, бир кеңешчи менен деле иштесе болот.
Орозова: – Депутаттын кеңешчиси мыйзамдар менен иштейт. Ал эми жардамчы региондордон келген каттарга жооп берип, элдер менен жолугушуу өткөрөт. Шайлоо учурунда кабыл алууну уюштурат. Кызматчы кетсе кеңешчиге оор болуп калат. Депутат бир эле учурда айдоочулук милдетти да, өз кызматын да аткара албайт. өзгөчө кырдаалдарда эл менен чукул жыйналчу болсо, депутат бара албай калышы мүмкүн. Ошондуктан киреше булагын башка жактан издесек болчудай.
– 5-чыгарылышта депутаттардын муктаждыктары үчүн 12 миң сом бөлүнсө, 6-чакырылышта 40 миң бөлүнгөнүн экс-депутат Улукбек Кочкоров айткан. Жардамчы менен унаадан баш тартканы менен жалпы чыгаша эл өкүлдөрүнө берилип калган дегендер да болгон. Сиз буга кандай карайсыз?
Орозова: – Ар чакырылышта түрдүү социалдык абалдагы депутаттар шайланат. Мүмкүнчүлүгү болгондор өзүлөрү эле артыкчылыктан баш тартып койсо болмок. Ач курсакты ток билбейт дегендей, кесиптештериме өз палатасында мүмкүнчүлүгү чектелгендерди да эсепке алуусун айтаар элем.
– Таабалды мырза, мыйзам долбоорун даярдап жатып, депутаттык артыкчылыкка муктаж болгондордун шарты эске алындыбы?
Тиллаев: – Албетте эске алынган. ЖКнын 30 батирлүү үйүн калтырганга макул болдук. Турак жайы жок экенин тастыктаган документ көрсөтсө үй берилет. Депутаттын мугалимден, доктордон эч айырмасы жок. Эгер артыкчылык алгыбыз келсе, аларга да ижарага үй алып берели. Учурдагы шартка карап эл өкүлү катары баш тартканыбыз оң. Өнүккөн өлкөлөрдө деле унаасы, кызматчысы жок эле жүргөн депутаттар бар. Андыктан биз да эл менен болуп, аралашып көнүшүбүз керек.
– Бул чакырылышта олигархтар келди деп жатабыз. Артыкчылыкка муктаж болгондор канчалык?
Тиллаев: – Мен ага кошулбайм, себеби ар тараптан келишти. Мугалими да, айыл өкмөттө иштегени да бар. Эл үчүн чоң күч жумшаган, бизге жумуш ордун түзүп, салык төлөгөн бизнесмендерди душман кылып көрсөткөнүбуз туура эмес.
– Андан сырткары эл өкүлдөрүнүн бекер дарылануу, бала бакчаларда арзандатуу сыяктуу артыкчыларына өзгөртүү кирдиби же такыр алынып салындыбы?
Тиллаев: – ЖКнын депутаттык статусу боюнча 5 беренеге өзгөртүү киргиздик. Алар: ЖК депутатын турак-жай менен камсыз кылуу, траспорттук тейлөө, мейманканага кезексиз жайгашуу, эмгек укуктарына кепилдиктер жана эл өкүлүн медициналык турмуш-тиричилик менен пенсиялык жактан камсыз кылуу укуктарын карадык. Андан сырткары, санаторий маселеси депутаттар арасында талаш болуп жатат.
– Карамат айым, сиз жогоруда аталган артыкчылыктардан баш тартууга кандай карайсыз?
Орозова: – Бекер дарылануу деген туура эмес. Керектүү дарылардын баарын сатып алабыз. Эл арасында бекер дарыланабыз дегенибиз туура эмес. Кан тапшыруудан тарта диагноз коюга чейин баарына акча төлөйбүз. Эми пансионат маселесине келсек, ал да артыкчылыкка кирбейт. Анткени ага да колунда барлар гана барбаса, мүмкүнчүлүгү чектелгендер бара албайт. Бери дегенде эле 35 миңдей каражат керектелет. Кошумчалай кетчү нерсе, биз мурда менчиктештирүү боюнча мыйзамды куруп алып, Кыргызстан кайра артка кеткенбиз. Биз бир катар бала бакчаларды, аскер кызматынын үйлөрүн менчиктештирген соң, эми минтип жаңыдан кура албай жатабыз. Мүлктү менчиктештирүүгө каршымын, себеби өлкө толук мамлекеттик кызматчыларды кызматтык үй менен камсыз кыла элек. Мурда аймактардан келген адистер кызматтык үй менен камсыз болсо, азыр андай эмес. Ошондуктан учурда түрдүү тармактагы жүздөн ашуун кызматтык орун бош. Мурдагы катачылыкты эми түшүнүп, ипотекалык комитет түзүлдү. Андыктан мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүдөн алыс болгонубуз оң. Анткени, биз азыр менчиктештирип алсак, кийинки келгендерге үй куруп берүүгө туура келет.
Угарман: Баткен районунда дарыгерлердин орточо айлыгы 8 миң, ал эми депутаттардын маянасы 80 миң болуп жатат. Сиздин оюңузча адилеттүү элеби?
Орозова: – Салыштырмалуу туура айттыңыз. Мыйзам чыга электе, өзүбүздүн кызматтык унаага эмгек акысына 10 миң сомдон транспортко жана бензинге кетчү эле. Ал эми, ар бир иш сапары үчүн 7 000 бөлүнчү. Ошол учурларга салыштырганда бүгүнкү күндөгү айлык акыбыз депутаттык ишмердүүлүүккө жетпейт. Айдоочуң жок болсо, чакырылган жерге өз убагында бара албайсың. Мындан сырткары техникалык каражаттар; ксерокөчүрмө, компьютер дегендер да бар. Көзгө чоң сумма көрүнгөнү менен, депутаттын иш сапарларын эске алганда ишмердүүлүк үчүн жетпейт.
Угарман: Депутаттар кол тийбестиктен баш тарта алабы?
Орозова: – Ооба, эл өкүлү болгондуктан кол тийбестиктин деле кереги жок.
Тиллаев: – Сөзсүз баш тарта алабыз, бирок Баш мыйзам ага жол бербейт экен.
– Карамат айым, сиздин фракцияңыздар ишти жаңы баштаганда кагаз иретинде болбосо да, оозеки түрдө мыйзамды колдоорун билдирген. Кийин эмне болду?
Орозова: – Депутаттык артыкчылыктан баш тартуу жөнүндөгү мыйзам өкүлдөр жаңы ишке кирээрде көтөрүлгөн. Бул кызматтын жоопкерчилигин практика жүзүндө көрө элек депутаттар дароо эле артыкчылыктан баш тартышкан. Мен башында эле айткам, шашылыш чечим кабыл албайлы, иштеп көргөндө анан билесиңер деген ой-пикиримди айткам. Азыр эми практика жүзүндө көрүштү. Каршы чыккандардын санынын көбөйгөнү да ошондон.
– Равшан Жээнбеков президентке жылына 350 миллион сом бөлүнөөрүн айткан. Эгер бюджетти толтуруу максатында артыкчылыктардан баш тартып жатсак, өлкө башчынын да чыгашаларына чектөө коюлар…
Тиллаев: – Сөзсүз, буга барышыбыз керек. Ошондуктан алгач өзүбүздөн баштап жатабыз. Жалаң эле акча үнөмдөө эле эмес, бүт реформа болсун деген максат бар. Анткени казынанын 60 %ы аткаминерлерди багыш үчүн маянага, тейлөөгө кетип жатат. Кыргызстан парламенттик өлкө болгондуктан, биз баш тартсак, анан калган органдар да ошондой кадамга барат. Учурда артыкчылыктардан баш тартуу токтом катары иштеп жатат, эми мыйзам түрүндө кабыл алсак өкмөткө, андан ары жергиликтүү кеңешке чейин түшүш керек.
– Депутаттардын артыкчылыгы алынып, лидерлерге кандай шарттар түзүлдү? Анткени артыкчылык алынып жатканы менен лидерлерге артыкчылык көп берилди дегендер бар.
Тиллаев: – Лидерлер деле депутат катары каралган, эч кандай кошумча артыкчылык берилген эмес. Партиянын ичинде катчылыкты күчөтүп коюшту. Ал өзү жетишет, дегеним жардамчы боюнча чочулабаш керек.
– Карамат айым, концепция туура болсо, анда эмнелерди өзгөртүш керек?
Орозова: – Булар айтып жатат, кыскартуу менен мемлекетке киреше алып келебиз деп. ЖКда мыйзамды кайра иштеп чыгаруу боюнча институт түзүлсө, ошол мыйзамды колдосок болот эле. Мыйзам сапаттуу, элдин турмушун жеңилдетип, жадакалса аткаруу бийлигине да жардам бере турган таасирдүү болушу зарыл. Шашпай, бир-эки жыл иштеп, институтту түзгөн соң бул демилгени көтөрсөк болмок.
Тиллаев: – Өзүнөр билгендей көптөгөн талаштар бар. Аталган мыйзам экинчи окууга киргенде айкын болот. ЖКнын карамагындагы 30 батирди калтыралы деген пландар бар. Үйү жок өкүлдөр тескөөчү органдын аныктамасы менен келип жашайт да, депутаттык мөөнөтү бүткөндө кезектеги өкүлгө өткөрүп берет. Мамлекеттин атынан жашаганды токтотушубуз керек. Жардам катары арзан кредиттерден пайдалануу мүмкүнчүлүгүн түзсөк жакшы болот.
– Карамат айым, эгер мыйзам үч окууда тең кабыл алынса, сизлердин кийинки кадамыңар кандай болот?
Орозова: – Анда мыйзамдан чыкпай иштейбиз. Эл өкүлү катары баш ийем. Биз артыкчылыктан баш тартуу мыйзамынан мурда коомчулукту кызыктырган, көйгөйүн чечкен долбоорду колго алсак дагы да элге жакыныраак болмокпуз. Биринчи кезекте элди ойлосок деген ойду айтаар элем.
Тиллаев: -7 %дык мыйзам долбоорун биринчи окууга киргиздик. Баардык эле мыйзамдар кабыл алынып жатат. Учурда артыкчылыктан баш тартуу токтом катары аткарылып келе жатат. Буйруса депутаттар колдойт, парламенттик өлкө болгондуктан аткаминерлердин саны азаят. Мамлекет оптимизацияга жана реформага барыш керек.
Булак: maralfm.kg