Menu

Өзбекстанда "Ахмадбайдын" айыбын ачкан экинчи тасма чыкты

Бир катары өзбек телеканалдары 30-июнда каржы пирамидасынын негиздөөчүсү, калк арасында “Ахмадбай” деген ысым менен белгилүү ишкердин айыбын ачкан экинчи даректүү тасманы көрсөтүштү.

Тасмада “Ахмадбай” кайрадан эле алдамчы катары сыпатталган. Доочулардын катарында жөнөкөй жарандар эле эмес, белгилүү ырчылар, куудулдар, аким жана тартип сакчыларынын жетекчилери бар.

Фильмде Ахмад Турсунбаев алдамчылыгын моюнуна алып, кардарларынан кечирим сураган. Мындан тышкары ишкер “каржы пирамидасы банкротко учураганын, тунгуюкка кептелгенин” билдирди. Маалымдалгандай, акимдер, милиция жетекчилери жана башка белдүү аткаминерлер байбачага акчаларын жогорку үстөк менен беришкен.

Ахмад Турсунбаев жөнүндөгү алгачкы даректүү тасма 16-июнда ал кармалгандан кийин жарыкка чыккан.

Тажикстан кыргыз жарандыгын алууга тыюу салды

Тажикстан 30-июнда Кыргызстан менен “Жарандыкты жөнөкөйлөштүргөн жол менен алуу” тууралуу макулдашуусун жокко чыгарды. Билгендер бул ансыз да кыйынчылыкта жашаган Тажикстандын Жерге-Тал, Мургаб райондорундагы кыргыздарды катуу убайымга саларын белгилешүүдө.

Мажлис спикери Шүкүржон Зухуров “Жарандыкты жөнөкөйлөштүргөн жол менен алуу” тууралуу макулдашуусу чек ара маселелеринде талаш-тартыш, түшүнбөстүк жаратышы мүмкүндүгүн эскертип, тажик өкмөтү келишимди бир тараптуу жокко чыгарууну сунуштаганын айтты.

Бейрасмий маалыматта тажикстандык жарандар Орусияга жеңил-желпи чыгуу, орус жарандыгын салыштырмалуу жеңил алуу жана армияга барбаш үчүн кыргыз жарандыгын алып жатканы демилгеге негизги себеп болгону айтылууда.

Эки өлкө сөз болуп жаткан келишимге 2004-жылдын 26-майында Дүйшөмбүдө кол коюшкан. Ага ылайык, Мургаб жана Жерге-Талда жашаган этникалык кыргыздар кыргыз жарандыгын төрт же алты айда, жеңилдетилген шартта алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Жеңилдиктер алынса, кыйынчылык канчалык көбөйөрү азырынча беймаалым. Денонсация тууралуу документ келе электигинен азырынча бул маселе боюнча кыргыз бийлигинин пикири да белгисиз.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өмүрбек Бабанов президенттикке ат салышуу боюнча оюн билдирди

Бүгүн, 1-июлда “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, президенттик жарышка чыгуу боюнча оюн билдирди. Анын айтымында шайлоого бараарын же барбасын партия мүчөлөрү чечет.

“Акыркы убактарда мындай суроону мага көп беришет. Президенттик шайлоого чейин дагы убакыт бар. Алдыда жергиликтүү кеңештерге шайлоо турат. Андан ийгиликтүү өтсөк партиянын съезддин чакырып, ошондо бул маселе каралат. Эгер партия менин колдоп шайлоого чык десе анда чыгам. Чынын айтканда шайлоого жеңээриңе ишенсең гана барыш керек, ишенбесең чыгыштын кереги жок”, – деди Бабанов.

Видео - Кыргыз жарандык авиациясы эмнеге 10 жылдан бери Еврокомиссиянын "кара тизмесинен" чыгалбайт?

Кыргыз жарандык авиация агенттигинин Еврокомиссиянын “кара тизмесине” кирип калуу себептери, бул тармактагы коррупциялык схемалар жана “кара тизмеден” чыгуу жолдору тууралу экс-депутат Бегалы Наргозуев менен “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясынын гендиректору Жолдош Бектургановдун ойлору.

Булак: “Азаттык”

Төрага ЖКдагы татына кыздарга тамшанганын жашырбайт

КР Жогорку Кеӊешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 1-июлда VI чакырылыштагы парламенттин алгачкы сессиясынын жыйынтыгына арналган маалымат-жыйын өткөрдү. Иш-чарага кыргыз парламентинде аккредиттилген жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Журналисттер Ак үйгө кирүүдөгү кийинүү тартиби же дресс-код тууралуу дагы суроо узатышып, ал жөнүндө спикердин оюн угушту.

Ч.Турсунбековдун айтымында журналисттердин, айрыкча кыздардын Жогорку Кеңешке жакшынакай кийинип келгени депутаттардын көздөрүн кубантат экен.

“Мага чүмкөнүп кийинип алгандар жакпайт. Кыздар өтө ачык эмес, орточо кийингени жакшы. Бул жакта дагы ар кандай жагдайлар болуп калат. Мисалы, жакында эле бир кыз бир канча күн Жогорку Кеңешке майкачан келгенин депутаттар айтып жатышат. Түшүнөм, азыр күн ысык, баары жеңил кийингиси келет. Силер кыздар, жакшынакай кийинип келсеңер, биз силерди карап суктанабыз да”, – деди Турсунбеков.

Жалал-Абад шаарында 472 миллион сом салык жыйналды

Жалал-Абад шаарынын мэриясы Жергиликтүү салыктар жана төлөмдөр боюнча башкармалыгынын эмгек жамаатын кесиптик майрамы менен куттуктап, салыкчыларга расмий ыраазылыгын билдирди. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Урматбек Маматов билдирди.

Бүгүн шаар мэриясынын кичи жыйындар залында шаар жетекчилиги мэриянын алдындагы аталган башкармалыктын Абида Кочкорова баштаган эмгек жамаатын кабыл алып, аларга Алкыш баракчасын тапшырды. Аны тапшыруу учурунда шаардын вице-мэри У. Маматов бул башкармалыктын иштеп жатканына бир жылдай гана болгону менен жергиликтүү бюдежеттин киреше бөлүгүн байытууда албан салым кошуп жатканын белгиледи.

-Сиздердин талбаган эмгегиңер аркылуу шаар казынасы толуп, шаар улам өнүгүп баратат. Ошонун шарапаты менен быйылкы жылы шаарда 120 миллион сомдук инфраструктуралык курулуш иштери жүрүп жатат. Шаар мэриясы сиздерге жакшылыктарды жана ишиңиздерге ийгилик каалайт, – деди ал.

Ал эми башкармалыктын башчысы А. Кочкорова салык топтоодогу ар кандай кыйынчылыктар, атайылап тоскоолдуктарга карабай, жергиликтүү салыкчылар жакшы иштеп жатканын айтып өттү.

Эскерте кетсек, өткөн жыл ичинде аталган башкармалыктын салыкчылары жакшы иштеп, бекитилген план 451,7 миң сом болсо, аткарылганы 472,3 миң сомду түзүп, өсүү темпи 101,8 пайыга жеткен. Алар аймагындагы 11448 кожолукту түрө кыдырып жүрүп, 2 миллион 573,9 миң сом салык түшүрүшкөн. 2014-жылга салыштырмалуу 375,7 миң сомго ашыкча салык жыйналып, өсүү темпи 117,1 пайызды түзгөн. Үч жылдан бери салык төлөмдөрүн төлөбөгөндөр эсебинен 361 миӊ сом салык төлөтүлгөн.

“Коопсуз шаарды” ойлосом кээде ыйлагым келет – Өмүрбек Бабанов

“Коопсуз шаар” долбоору бүтпөгөн жомокко айланды. Мындай пикирин бүгүн, 1-июлда “Республика-Ата Журт” фракциясынын отчеттук жыйынында фракция лидери Өмүрбек Бабанов билдирди.

“Бул бүтпөгөн жомокко айланды. Балким бул долбоорду Бабановдун баштап кеткени  үчүн жасалбай жаткандыр. Бул жөнүндө ойлосом кээде күлкүм келет, кээде ыйлагым келет. 2012-жылы эле тендер өтүп, “Коопсуз шаар” программасы иштеп калганда биринчиден өлкөбүз коопсуздук менен камсыз болмок, экинчиден өлкө казынасына 100 млн доллар түшмөк. Бул деген 6 миллиард сом. Мына 6 жылдан бери эч кандай иш жасалган жок. Колдоого ала турган нерсени жасабай отурушат”, – деди Бабанов.

Президент медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Алмазбек Атамбаев бүгүн медицина кызматкерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

– Урматтуу Кыргызстандын саламаттык сактоо системасынын кызматкерлери!

Сиздерди медицина кызматкеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

“Дарыгерлик кесип – бул эрдик. Ал кайратмандуулукту, рухтун жана ниеттин тазалыгын талап кылат”, – деп жазган улуу орус жазуучусу А.П. Чехов. Дарыгерлик адам өмүрүнө өмүр, жашоосуна жашоо улаган дүйнөдөгү эң асыл, гумандуу жана ардактуу кесип. Кеселге кабылып, жаныбыз кыйналып турганда алар бизге жардамга келишет.

Биз дарыгерге ишенип, эң жакын адамыбызга гана айта турган жүрөк түпкүрүндөгү көйгөйүбүздү айтып, ден соолугубуздун сырларын ачып беребиз. Анын кеңештерин кунт коюп угуп, көрсөтмөлөрүн, рецепттерин кыйшаюусуз аткарабыз. Анткени биздин саламаттыгыбыз ушуга байланыштуу болот.

Жарандарыбыздын саламаттыгын сактоо мамлекеттик саясаттын эң негизги артыкчылыктарынын бири. Мамлекет калктын бардык катмарларынын жашаган жерине жана материалдык мүмкүнчүлүгүнө карабастанмедициналык жардамдан пайдалануусун камсыз кылуу үчүн чоң  күч-аракет жумшоодо. Жаңы клиникалардын жана медициналык борборлордун курулушу башталды, алар сапаттуу жана заманбап жабдуулар менен камсыз болот.

Медициналык жардамдын сапатын арттырууга, дартты аныктоонун жана дарылоонун жогорку технологиялык ыкмаларын киргизүүгө, адистерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу системасын өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Бүгүн биз өзүбүздүн жаш дарыгерлерибизди жана профилдик адистерди кармап калуу, айрыкча элет жериндекармап калуу тууралуу тереңирээк ойлонушубуз керек. Биринчи кезекте биз аларга татыктуу эмгек акы төлөшүбүз шарт, бул жакынкы келечектин иши. Дарыгердин эмгеги татыктуу бааланууга тийиш.

Дарыгер – бул адамзатка кызмат кылууга өзүн арнаган адам. Бүгүн ата-мекендик саламаттык сактоонун ардагерлерине, майрам күнү ооруканаларда, төрөт үйлөрүндө нөөмөттө турган, тез жардам бригадаларынын курамында чакырууларга чыгып, адамдардын дартына дабаа таап жүрүшкөн бардыкмедициналык кызматкерлерге өзгөчө ыраазычылык билдирем.

Бар болгула, доорубуздун Улукман акелери, көкүрөктөгү мээрим, жүрөктөгү касиет өчпөсүн!

Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай, жарык маанай, бакубат турмуш, маанилүү жана жооптуу ишиңиздерде албан ийгиликтерди каалайм!

Сооронбай Жээнбеков "ала таякчан сыйкырчыбы"

Депутаттыгын билбейбиз бирок, Айыл чарба министрлигин, кийин Ош облусунун социалдык-экономикалык абалын беш жылда оңдой албай коюп, азыр бүтүндөй Кыргызстандын экономикасын оңдойм деп шымалынып турган Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болоору менен өкмөттүн айрым структураларына “оңдоп-түзөө” иштерин ишке ашырып жиберди. Башканы айтпайлы Айыл чарба министрлигине кош каамыт кийгизээрден мурун эң алгач аталган мекемени оптимизациядан өткөрүп алыш керек элек. Болбосо, баардык министрликтердин оптимизациясы толук бүтүп, жалгыз Айыл чарба жана милиорация министрлиги беш жылдан бери оптимизацияны акыйып күтүп, асманда салаңдаган колбасанын кейпин кийип турат. Мындай чала бучук реформа кимди жыргатаар эле? Дегеле чалмакей кыла берүүдөн ким утат? Сокебиз эле убакыттан утуп, узагыраак премьерликти минип отурбаса, эл эзели утпасы анык. Андыктан бул “сыйкырчынын” дубасы деле “самопал”болуп кетүүдө. Кантебиз, кетсинби?..

Булак: “Де-факто”

Фотобаян - Жалал-Абад милициясы ифтар берип, колунда бар чыгаан адамдарга жарамазан айттырып, кайрымдуулук акциясын өткөрүүдө

Жыл сайын Жалал-Абад областык ички иштер башкармалыгы калктын түрдүү катмарынын өкүлдөрүнүн башын кошуп ынтымакты, толеранттуулукту, салттуу динди даңазалаган ооз ачыруу “ифтарлык” уюштурат. Бул тууралу Жалал-Абад милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Быйылкы жылы да милиция уюштурган ифтарга жалпы жонунан 500дөй адам келип даам сызып ак баталарын берип кетишти. Ифтар учурунда биримдикке, ыйманга чакырган баяндар айтылды. Ошону менен катар Жалал-Абад жаштар коому жана маданият кызматкерлеринен уюштурулган “Жарамазан” кайрымдуулук акциясы да жүрүп чогулган каражаттар мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, карыялар жана балдар үйлөрүнө тапшырыларын белгилешти.

“Биз, орозо айында элдик каада салтка айланган жарамазан айтып колунда бар чыгаан инсандардын үйлөрүнө чейин бардык. Бул жышаан орозо айы бүткөнгө чейин айтылат жана топтолгон акча каражаты атайын түзүлгөн комиссия тарабынан урна ачылып, эсептеп тактап жетим-жесирлерге, багар көрөрү жок сыяктуу муктаж инсандарга материалдык жардам беребиз. Албетте бул акциянын сунуштоочусу эч кимге сыр эмес ал Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилиги. Алар бизге уюштуруу жагынан көмөктөшүүдө.”- деп билдирет “Жарамазан” кайрымдуулук иш-чарасынын уюштуруучуларынын бири КРнын эл артисти Рахматулла Козукеев.

Мусулмандар гимн угуп ЖАОоз ачыруу2Ооз ачыруу ЖАКозукеев

Фото - VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин алгачкы сессиясы расмий жыйынтыкталды

Кечээ, 30-июнда Жогорку Кеңештин отуруму болуп, VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин биринчи сессиясынын иши расмий жыйынтыкталды.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков сессия аралыгында жүргүзүлгөн иштер тууралуу учкай маалымат берди. Анын айтымында, VI чакырылыштагы Жогорку Кеңеш өлкө үчүн зор мааниси бар көптөгөн маселелерди чечүүдө жогорку кесипкөйлүк менен иштөөнү камсыз кыла алды. “Мыйзам долбоорун демилгелөөдө, аларды талкуулап кароодо депутаттык корпус, өзгөчө, жаш депутаттар бир кыйла такшалып калганы көрүнүп турат. Жогорку Кеңештин Аппаратынын кызматкерлеринин кесипкөйлүк деңгээли да акыркы жылдары кыйла артты”, – дейт Чыныбай Турсунбеков.

ЖК закрытие 1 сессии2ЖК закрытие 1 сессии3ЖК закрытие 1 сессии4ЖК закрытие 1 сессии5ЖК закрытие 1 сессииЖК закрытие 1 сессии6

Сессиянын жабылуу аземинин соңунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни жаңырып, VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи сессиясынын иши расмий жыйынтыкталды.

Алмазбек Атамбаев: “Мен дагы убагында көчө шыпырып, пол жуугам”

Бүгүн Ала-Арча резиденциясында мектепти артыкчылык менен бүткөн окуучуларга “Алтын сертификаттарды” тапшырып жатып Атамбаев жаштарды кесипти туура тандап, адал эмгек жасоого үндөдү. Ошондой эле ал учурунда мектепте мыкты окуганын, институтка келгенден кийин окууга убактысы болбогонун, анткени акча табуу үчүн иштөөгө туура келгенин билдирди.

“Мен да учурунда көчө шыпырып, пол жууп, от жагып иштегенмин. Жумуштун жаманы жок. Ууру министр болгондон көрө көчө шыпырып, пол жууган жакшы”, – деди Атамбаев.

Кыргыздын элим, жерим деген меценаттарына кайрылуу!

Урматтуу кыргыз элинин баалулууктарына кайдигер карабаган мекендештер!

Мамлекетибиздеги быйылкы “Тарых жана маданият жылына” байланыштуу, кылымдарды карытып келген кыргыз тарыхынын маанилүү учурларын чагылтып, кыргыз маданият мурастарын, керемет Ысык-Көлдүн ажайып жаратылышын дүйнөгө таанытуу менен бирге, жергебизде туризимдин өнүктүрүүнү дүйнөлүк денгээлге жеткирүү максатында, элибиздин жаш, жигердүү, жаңычыл азаматтары,- акча, көр дүйнө байлыгынан дагы, – улуттук-намыс, каада салт, акыл парасат байлыктарын жогоруу тутушкан Темирлан Ибраев, Азамат Исмаилов жана Кубаныч Аманбеков аттуу кыргыздын чыныгы мекенчил, атуул азаматтары, кыргызстанда биринчи жолку, Бүткүл дүйнөлүк, «Сыйкырдуу, Ысык-Көл Куму-2016» аталыштагы «Кум айкели (Песочная скульптура) боюнча 1-Бүткүл дүйнөлүк фестивалын» өткөрүү демилгеси менен чыгышканы, бизди зор кубанычка бөлөдү!

Урматтуу мекендештер! «Сыйкырдуу Ысык-Көл куму 2016» аталыштагы бул 1-фестивалы мамлекетибиздеги «Тарых жана маданият-жылына» байланыштуу дагы бир жаңы «Кыргыз кереметин» ( кыргызское чудо) бүткүл дүйнөгө таанытып, алып чыгаарына чын жүрөгүбүздөн ишенич артып турган чагыбыз!

Андан дагы, эң кубанычтуусу, бүгүнкү күнгө «Сыйкырдуу Ысык-Көл куму 2016» -фестивална аалам алкагынын 15-ашык мамлекеттин, белгилүү скульпторлору келип катышууга өз макулдуктарын бергендиги биздин демибизге дем кошкондой болду. Ошондой эле биздин азамат жигиттерибиз Ысык-Көлдүн кумунун чын эле керемет экендигин далилдеөө максатында Ысык-Көл куму менен, кыргыз балалыгынын символу болгон чүкөнү “алчи” (айкүр) кондурушуп айкел тургузушуп, төлгө кылышканы символикулуу да болуп калды. Ылыйым кыргыз элинин чүкөсү дайыма “айкүр” конуп турсун!…

Урматтуу бир туугандар! Албетте, мындай дүйнөлүк маанидеги бул фестивалды жогорку денгээлде өткөрүп алуу үчүн; биринчиден- фестивалдын байге фондусунун түзүүгө, экинчиден- аалам алкагынын, келе турган белдүү айкелчи, бедизчилерди учурдун талабына ылайык тосуп алып, жайгаштарууга, үчүнчүдөн- ар кандай заманбап техникалык-материалдык жабдуулар менен касыздоого көптөгөн финансалык каражаттар талап кылынары баарыбыз жакшы түшүнөт болушубуз керек! Бирок ошондой болсо дагы “уучубуз куру эмес” дегендей алгачкылардан болуп демилгени колдоп, мүмкүнчүлүктөрүнө жараша меценаттык колдоолорун көргөзүшкөн “Саякбай Манасчы Коомдук фондусунун” жетекчиси Саматбек Ибраев, КР ЖК депутаты Данияр Аттокуров, айтылуу Айдарбеков аксакалдын небереси, элчи Чынгыз Айдарбеков, ишкер Рысбек Мааткабылов, Маданият министрилигине жана чын дилинен колдоого алуу ниетин билгизген Ысык-Көл областтык ыйгарымдуу өкүлү Асхат Акибиаевичке алдына ала чоң ыраазычылыктарыбызды барыбыздын атыбыздан билдире кетмекчибиз!

Урматтуу кыргыз элинин баалулууктарына кайдигер карабаган мекендештер! Бир туугандар, кыргыз элим деген чыныгы кыргызымдын меценанттары, “жабыла көтөргөн, жүк жеңил”,- деп элибизде айтылгандай ушул жигердүү жигиттердин демилгесин жерге таштабай жапа тырмак колдоп берүүңүздөрдү жалпы элибиздин атынан суранабыз! Элибизде, «тарых элди жаратпайт-эл тарыхты жаратат»-дегендей ушул аты тарыхта калуучу жакшы саамалыкта кайдигерлик менен четте карап турсак жарабас!

Сиздерди терең урматтоо менен:

Мурат Жетимишбаев. Ысык-Көл областы.

Калмамат Турдубаев. Ош областы

Бейшенбек Бекешов. Бишкек шары.

Султан Абдырахманов. Ош шары.

Сыймык Бейшекеев. Токтогул

Майрамбек Адылбеков. Жала-Абад областы

Эмил Чымылдаков. Нарын областы.

Доорбек Абдыразаков. Алай району

Жылдызбек Абдраимов. Талас областы.

Таалайбек Айталиев, Талас шаары

Урматбек Турдушов. Чүй областы.

Тынчтыкбек Бапатегин. Каракол шаары

Талант Казаков. Токмок шаары

Улан Калдыбаев. Москва шаары.

Кадыр түндүн касиеттери

Кадыр түндүн артыкчылыгы тууралуу Алла Таала мындай дейт:

” لَيْلَةُ الْقَدْرِ خَيْرٌ مِّنْ أَلْفِ شَهْرٍ” سورة القدر (٣).

“Кадыр түн, миң айдан да артыгыраак”, Кадр сүрөсү 3-аят.

Миң ай, 83 жыл төрт айга барабар. Куранды чечмелеген аалымдар, Кадыр түндө кылынган ибадат, кадыр түнү жок миң ай ибадат кылгандан жакшы деп айтышкан. Адам баласынын өмүрү, орточо эсепти алганда 60 менен 70 жылдын ортосу. Ал тууралуу Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи вассалам) мындай дейт: “Менин үммөтүмдүн жашы, алтымыш менен жетимиштин ортосу”.
Адам баласынын ибадатсыз өткөзгөн убактысын эсептеп көрсөк, төмөнкүдөй көрсөткүчкө ээ болот:
15 жылга жакын өмүр, бойго жете элек болгондугу үчүн, ибадаттар парз болбой өтөт. 20 жылга жакын өмүр уйку менен өтөт, анткени адам баласы күнүнүн үчтөн бирин (8 саатын) уктап өткөрөт. Бул, алтымыш жылдык өмүрүнүн үчтөн бирин уйку менен өткөздү деген сөз. 20 жылга жакын өмүр жумуш менен өтөт, орточо эсеп менен алып карасак, бир күндүк жумуш сааты сегиз саатка созулат. Бул өмүрүнүн үчтөн бир бөлүгү дегени. 2 жылдык өмүр, тамак-аш жеп, суусундук ичип, кажетин бүтүрүү же кийим кийүү жана башка нерселер менен өтөт. Орточо жашаган адамдын өмүрүн алып карасак, үч жылдын тегерендеги өмүрү гана калат.
Ушул калган үч жылдын канчасы ибадат менен өтөт?, биз кайсы ибадатты аткарып, анын себебинен кыяматта жеңишке жетсек болот?. Бизге берилген чоң артыкчылык бар, ал – Кадыр түн. Ал түндө аткарылган ибадаттын сообу, Кадыр түнү жок миң ай кылынган ибадаттын сообунан көбүрөөк болот. Бул түндө ибадат кылбай, анын соопторунан куру калуу, эң чоң зыянга учуроого барабар. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) айткан: “Чындыгында силерге бул (Рамазан) айы кирип келди, ал айда миң айдан артык болгон бир түн бар, ким ал түндү өткөрүп жиберсе, анда ал бардык жакшылыктардан куру калган болот”.

Кадыр түндө дуба кылуунун маанилүүлүгү:

Ар бир ибадаттын өзүнө жараша өзгөчөлүктөрү болот, дубанын өзгөчөлүгү анын ибадат катары кабыл алынышы. Ал тууралуу хадисте мындайча баяндалат: “Дуба кылуу – ибадат”, башкача айтканда эң чоң ибадаттардын катарын толуктайт. Анткени дуба кылып жаткан учурда, пенде коркуу сезими менен өзүнүн алсыз экендигин сезет, жана бул нерсе ибадаттын даамын татканга жардам берет. Тил менен аткарылуучу ибадаттар: Куран окуу, зикр кылуу жана чын жүрөктөн дуба кылуу. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) айткан: “Алла Таалага дуба кылуудан сыйлуураак нерсе жок, Алла Тааладан кажетин сурап дуба кылбаган адамга, Алланын ачуусу келет”.

Бардык салих амалдар, Кадыр түндүн пазилеттерине жана соопторуна жетүүгө ортомчу болот. Бирок кээ бир аят-хадистер, Кадыр түндүн артыкчылыктарына жана соопторуна ээ болууга толук кепил боло алган төмөнкү эки нерсеге көңүл бурууга басым жасайт. Биринчиси: намаз окуу, Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) айткан: “Ким Кадыр түндү ыйман келтирип, ал түндүн сообун Алладан тилеп, намаз окуп өткөргөн болсо, анда анын мурдагы күнөөлөрү кечирилет”. Бул түндүн сообуна жеткирүүчү экинчи нерсе – дуба кылуу. Айша энебиз айтат, мен: “Оо, Алланын элчиси! Эгерде мен Кадыр түнгө туш келип калсам, эмне деп дуба кылайын?” – деп сурадым. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи вассалам): “Аллохумма иннака ъафуввун, тухиббул ъафва, фаъфу ъаннии” – “Оо, жараткан Алла! Сен кечирим ээсисин, кечиргенди жакшы көрөсүн, менин күнөөлөрүмдү кечиргин” – деп дуба кыл деди.
Орозо тууралуу айтылган аяттардын ортосундагы дуба жөнүндөгү аят, Рамазан айында көп дуба кылганга ишарат кылып турат.

“ وَإِذَا سَأَلَكَ عِبَادِي عَنِّي فَإِنِّي قَرِيبٌ ۖ أُجِيبُ دَعْوَةَ الدَّاعِ إِذَا دَعَانِ ۖ فَلْيَسْتَجِيبُوا لِي وَلْيُؤْمِنُوا بِي لَعَلَّهُمْ يَرْشُدُونَ“. البقرة 186

“Эгер пенделерим сенден Мен тууралуу сурашса, “Мен жакынмын”. Качан Мага дуба кылса, дубасын кабыл кылам. Мага жооп кылышсын (буйруктарымды аткарышсын)! Мага ыйман келтиришсин! Мүмкүн алар да туура жолду табышаар (дегин)”. Бакара сүрөсү 186 чы аят.
Рамазан айында сооп жыйнайм деген адам, бул түндү текке өткөрүп албоосу керек. Анткени бул ай, соопторду жыйнай турган сезон. Соодагер же дыйкан адам сезондо иштеп калбаса, анда качан киреше табат?. Бул айда, өзгөчө акыркы он күндүктө сооп жыйнаганга аракет кылышыбыз керек, дал ушул он күндүккө Кадыр түн катылган.

Бул түндө мусулман адам, Алла Таалага жалынып-жалбарып дуба кылуусу керек. Дубада өзүнүн бул дүйнөгө тиешелүү кажет нерселерин тилеп, Алла Тааладан күнөөлөрүнүн кечирилүүсүн, бейишке киргизип, тозоктон сактоосун сурайт. Кадыр түн аябай тез өтүп кетет, мусулман адам ал убакытты туура пайдаланып калуусу шарт. Азирети Умар айтат: “Мен дубанын кабыл болуу же кабыл болбоо машаккатын көтөрбөйм, бирок дуба кыла албай каламбы деп түйшүк тартам. Эгер дуба кылсам, анда анын кабыл болоорун да билем”.

Алла Тааланын кечиримине кантип жетебиз?, анын жолдору өтө көп. Мисалы: тообо кылуу, күнөө иштин артынан сооп амал кылуу, карыз алган адам карызын кайтарганга күчү жетпесе, анда анын карызын кечип жиберүү. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи вассалам): айтат: “Бир киши такыр сооп иш кылбайт эле, бирок адамдарга карызга акча берип турчу. Карызды жыйнап алуу убактысы келгенде, баласына: Канчасын кайтарганга күчү жетсе ошончосун гана ал, эгер кайтарганга күчү жетпесе аны кечип жибер, балким Алла Таала ошонун себебинен биздин күнөөлөрүбүздү кечирет”- деп айтчу. Ал киши көз жумгандан кийин, Алла Таала: “Жакшы иш кылгансыңбы?”- деп сурады. Ал киши: “Жок, бирок мен адамдарга карызга акча берип турчумун, акчаны кайтарып алууга баламды жөнөтүп жатып: Канчасын кайтарганга күчү жетсе ошончосунсун гана ал, эгер кайтарганга күчү жетпесе, анда аны кечип жибер, балким Алла Таала ошонун себебинен биздин күнөөлөрүбүздү кечирет” – деп, айтат элем дейт. Ошондо Алла Таала: “Күнөөлөрүңдү кечирдим” – деп сүйүнчүлөйт.

Кадыр түндө окулуучу дуба

عَنْ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ بُرَيْدَةَ، عَنْ عَائِشَةَ، أَنَّهَا قَالَتْ: يَا رَسُولَ اللَّهِ، أَرَأَيْتَ إِنْ وَافَقْتُ لَيْلَةَ الْقَدْرِ مَا أَدْعُو؟ قَالَ: ” تَقُولِينَ: اللَّهُمَّ إِنَّكَ عَفُوٌّ تُحِبُّ الْعَفْوَ فَاعْفُ عَنِّي ”

Айша энебиз айтат, мен: “Оо, Алланын элчиси! Эгерде мен Кадыр түнгө туш келип калсам, эмне деп дуба кылайын? – деп сурадым. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи вассалам): “Аллохумма иннака ъафуввун, тухиббул ъафва, фаъфу ъаннии” – “Оо, жараткан Алла! Сен кечирим ээсисин, кечиргенди жакшы көрөсүн, менин күнөөлөрүмдү кечиргин” – деп дуба кыл деди.

Абдишүкүр ажы Нарматов, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы

Евро-2016: Атамбаев Исландия командасынын оюдарына суктануусун билдирди

Алмаз Атамбаев Исландиянын президенти Оулавюр Рагнар Гримссонду Исландия курамасынын футбол боюнча 2016-жылдагы Европа чемпионатынын 1/4 финалына чыгышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

“Командалык күчтүү эрк менен намыс, керемет оюн, күйөрмандардын бир кишидей колдоосу, албетте, урматтоо жана суктануу сезимин жаратат”, – деп айтылат Атамбаевдин телеграммасында.

Президент ошондой эле Оулавюр Рагнар Гримссонго чың ден соолук жана бакубатчылык каалап, Исландия элине тынчтык, гүлдөп өнүгүү жана жаңы жеңиштерди тиледи.

Видео - Лондондо Максим Бакиевдин соту өтүп, анда атасы Курманбек Бакиев дагы көрсөтмө берди

Кечээ, 30-июнда Лондон шаарында Кыргызстандын мурдагы президентинин уулу Максим Бакиевдин үстүнөн түшкөн бизнесмен Шон Дейлинин доо арызы боюнча соттук угуулар уланды. Шон Дейли кыргыз сотунун 2014-жылдагы чечимине таянып, “2006-жылы  Максим Бакиев мени өлтүрүүгө буйрук берген” деп сотко арызданып, миллиондогон акча өндүрүп алууга аракет кылып жатат . Максим Бакиев бул айыптоону четке кагып келет.

Сот учурунда Максимдин атасы, мурдагы президент Курманбек Бакиев видео аркылуу түз байланышка чыгып көрсөтмө берди.

Бирок кыргыз соту Максим Бакиев  Шон Дейлини өлтүрүүгө буйрутма берген деп өкүм чыгарганы менен ал буйрутманы кимге берген, ким аткарган, аткан куралы кайда? деген сыяктуу толгон-токой суроолор жоопсуз калгандыктан. соттун чечими өзү саясый буйрутма деген пикирлер арбын.

Лондон соту кыргыз соту сыяктуу далилсиз эле соттоп коё бербегендиктен Шон Дейли өз максатына жетиши өтө эле күмөн.

Видео: bbc.com/kyrgyz

Түркияда теракттарга катышы бар делген 13 адам кармалды

Стамбулдагы Ататүрк аэропортунда теракт уюштурган үч жанкечти Орусия, Өзбекстан, Кыргызстан жарандары экендиги кабарланууда. Бул тууралуу Түркия өкмөтүнүн расмий өкүлдөрүнүн бири билдирген. Иликтөөлөрдүн чоо-жайы толук бүтпөгөндүгүнө байланыштуу маалымат берген адамдын аты-жөнү айтылган жок.

Өкмөттүк Yeni Safak гезити жоочулар Дагестандан экенин жазып чыкты. Басылманын маалыматы боюнча Ахмед Чатаев аттуу киши Чеченстандан чыккан. Ал “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун лидерлеринин бири катары эсептелет. Орус тилдүү жоочуларды топтоп жана даярдыктан өткөрүүгө жооптуу адам катары сыпатталууда. Чатаевди БУУ өзүнүн кара тизмесине киргизип, ага карата санкция жарыялаган.

Өз кезегинде терактты уюштурган үч жанкечтинин бири кыргызстандык деген маалыматты түрк тарап расмий тастыктай элек. Бул боюнча Стамбулдагы кыргыз консулдугу билдирген.

Ататүрк аэропортунда болгон жардырууларга катышы бар деген шек менен түрк полцииясы 13 адамды камакка алды. Алардын үчөө чет элдиктер экени маалым болду. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазышынча, полиция бейшембиде Стамбулдун 16 районунда рейд жүргүзгөн.

Буга чейин, түрк бийликтери жардыруунун артында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу турушу мүмкүндүгүн боолгологон.

28-июнда кечке маал эл аралык Ататүрк аба-майданында болгон жанкечтилердин чабуулунан 42 адам мерт кетип, 230тан ашууну жарадар болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңеш түзүлдү

Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык жарандык коомдун жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн өлкөдө тынчтыкты жана ынтымакты камсыз кылууга, Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөөгө багытталган мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу иштерине тартуу боюнча андан аркы иштерди жакшыртуу максатында президенттин алдындагы Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңеш түзүлдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңеш жөнүндө

Эксперттик кеңеш этностор аралык өнүгүү жана улуттук биримдикти бекемдөө жана дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу боюнча ишке эксперттик коомчулукту тартуу максатында түзүлгөн консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.

Эксперттик кеңештин негизги милдети болуп этностор аралык өнүгүү жана улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат маселелери боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу саналат.

Эксперттик кеңеш өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул жобону жетекчиликке алат.

Эксперттик кеңеш:

1) этностор аралык өнүгүү, улуттук биримдикти бекемдөө жана дин чөйрөсүндөгү сунуштамаларды жана сунуштарды иштеп чыгат, аларды Кыргыз Республикасынын президентинин кароосуна берет;

2) колдонуудагы мыйзамдарга, ошондой эле этностор аралык өнүгүү, улуттук биримдикти бекемдөө жана дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат маселелерине тиешелүү болгон Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна, башка ченемдик укуктук актыларына коомдук экспертиза жүргүзөт;

3) этностор аралык өнүгүү, улуттук биримдикти бекемдөө жана дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты түзүүдө жана ишке ашырууда эсепке алуу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарынын муктаждыктары жана кызыкчылыктары жөнүндө маалыматтарды топтойт жана талдоо жүргүзөт.

6. Эксперттик кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жарандык форумдарды, угууларды жана башка иш-чараларды уюштурууга;

2) актуалдуу маселелерди карап чыгуу боюнча жумушчу топторду түзүүгө;

3) белгиленген тартипте мамлекеттик органдардан жана уюмдардан өзүнө жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди суратууга жана алууга, буга мамлекеттик жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды камтыган документтер кирбейт;

4) зарылдыгына жараша өзүнүн иши тууралуу маалыматты даярдоого, аны Кыргыз Республикасынын президентинин сайтына жайгаштырууга, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого.


Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңештин курамы

 

Авазбек уулу Расул

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын түштүк бөлүмчөсүнүн бөлүм башчысы, саясий илимдердин кандидаты (макулдашуу боюнча);
Айтпаева Гульнара Амановна

“Айгине” маданий-изилдөө борборунун директору, филология илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча);
Алишева Атыркуль Ракишевна

“Региондук изилдөөлөр институту” КФсынын директору, тарых илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча);
Асанканов Аблабек Асанканович

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Чыр-чатактарга мониторинг жүргүзүү жана алдын алуу борборунун жетекчиси, тарых илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча);
Асланова Индира Шахэминовна

Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин Диний изилдөөлөр борборунун илимий-аналитикалык бөлүмүнүн жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Багдасарова Нина Ароновна

Борбордук Азиядагы Америка университетинин психология кафедрасынын доценти, психология илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча);

 

Бердаков Денис Михайлович

“Евразиялыктар – жаңы толкун” фондуна караштуу талдоо клубунун координатору (макулдашуу боюнча);
Исмаилов Нурлан Асанович

“Ататүрк-Ала-Тоо” эл аралык университетинин кафедра башчысы, юридика илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча);
Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович

“Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду” КФсынын башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кененсариев Ташманбет

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча);
Курбанова Назира Умаровна

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору, тарых илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча);
Маликов Кадыр Курманбекович

“Дин, укук жана саясат” көз карандысыз талдоо борборунун директору (макулдашуу боюнча);
Мамытов Токтокүчүк Болотбекович

Кыргызстан калкы Ассамблеясынын Кеңешинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси;
Мирсаитов Икбалжан Эркинович

“Жалпы кызыкчылыкты издөө” эл аралык өкмөттүк эмес корпорациясынын улук талдоочусу, саясий илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча);
Мырзабаев Маметбек Токтомушевич

Ислам таануу илим-изилдөө институтунун директору, социология доктору (макулдашуу боюнча);
Нарматов Абдишүкүр

теолог, Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси (макулдашуу боюнча);
Насритдинов Эмиль

Борбордук Азиядагы Америка университетинин антропология департаментинин доценти (макулдашуу боюнча);
Омуралиев Нурбек Ашимканович

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Методология, илим жана социалдык изилдөөлөр борборунун директору, социология илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча);
Ормон уулу Искендер

“Сереп” талдоочулук изилдөө институтунун координатору (макулдашуу боюнча).
Сулайманов Жоомарт Мурзаевич

Ош мамлекеттик университетинин “Аймак таануу” кафедрасынын доценти, философия илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча);
Урманбетова Жылдыз Карыбаевна

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин социалдык илимдер бөлүмүнүн башчысы, философия илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча).

Биринчи соттолгон адамдар менен мурда соттолгон адамдарды абакта ажырым кармоо боюнча мыйзам кабыл алынып жатат

Жогорку Кеӊеште депутаттар тобу тарабынан сот реформасынын мыйзамдык базасын өркүндөтүү алкагында иштелип чыккан жаӊы Жазык-аткаруу кодексинин долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

КР Жазык-аткаруу кодексинин долбоорун даярдоо жүрүшүндө соттолгон адамдардын көп учурда жумушсуз калары, социалдык жана үйбүлөлүк байланыштары үзүлөрү эске алынуу менен, эки максат коюлган – соттолгон адамды түзөтүү жана эркиндикке көндүрүү.

Ошондой эле, жаӊы кодекс долбооруна жазык-аткаруу мекемесине жаӊы усулдар киргизилип жатканы белгилүү болду. Биринчи институт – колония-конуш. Анын ишине карата коомчулук тарабынан нааразычылыктар көп экени эске алынып, андагы адамдардын санын эки эсе азайтылып, анда жабык колониядан которулуп келген жана жакын арада эркиндикке чыга турган адамдар гана кармалмакчы. Экинчи институтут – жалпы тартиптеги колония. Мында биринчи жолу соттолгон адамдар кармалат. Үчүнчү институт – катуулатылган тартиптеги колония. Анда мурда соттолгон адамдар кармалат. Ошентип, биринчи соттогон адамдар мурда бир нече соттолгон адамдардардан ажырым кармалмакчы.

Кодекс долбоору аркылуу соттолгон адамдарды кармоонун үч түрү – жөнөкөй, катуулатылган, жеӊилдетилген шарттар киргизилет. Андан сырткары, өзгөчө тартиптеги колонияда өмүр бою эркинен ажыратылган адамдар кармалат.

Алмас, Турдумаматов, журналист: "Сарттар менен аркалыктар кимдер?"

Учурда кыргыз журтчулугунда айрымдар бир-бирин «аркалык», «сарт» деп аташары да белгилүү. Мында «аркалык», «сарт» сөздөрү терс мааниде колдонулуп, кабыл алынат. Бул сөздөрдүн түпкү мааниси жана чечмелениши кандай?
Аркалык
Бүгүнкү кыргыз тилинде «аркалык» сөзү «сырт», «түндүк» маанисин билдирет. Жээмбай Мукамбаевдин «Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгүндө» бул сөздүн дагы үч-төрт мааниси келтирилет. Негизгиси – түндүк райондордо жашаган эл, адам деп чечмеленет. Андан тышкары, төрт бурч, жука металлдан жасалган, кыздар тагынчуу кооздук – аркалык делет. Бир нерсенин аркасына, жонуна коюлуучу буюм да «аркалык» деп аталат экен. Памирлик кыргыздар «аркалык» деп – кыз узаарда чачка тагуу үчүн ар турдүү кооздук берүү жөрөлгөсүн айтышат.
Тарых илимдеринин доктору Олжобай Каратаевдин изилдөөлөрү боюнча бизге тектеш тувалыктардын тилинде «аргалык» деген сөз – «токойлуу жер, «тоо» маанисин туюнтат. Ошондо аркалыктар деп тоолуктарды же токойдо жашагандарды айтышат. Ош, Баткен, Жалал-Абад облусунун чөлдүктөрү (өрөөндүктөр) тоолук туугандарын «аркалыктар» деп айтып калышат. Аны менен катар тувалыктар «аркалык» деп «айлакер», «акылдуу» өңдүү адамдык сапаттарды сыпатташары белгилүү.
Айтмакчы, кыргызда кеңири таркаган мунгуш уруусунун курамында «аркалык» деген урук бар экени маалым. Мунгуш уруусунун өкүлдөрү негизинен Ош облусунда турушат.
Сарт
Сарт – дүйнөдөгү эски сөздөрдүн бири. Байыркы санскрит тилинде (3,5 миң жыл илгери колдонулган) «sartga» – «соодагер» дегенди түшүндүрөт. Орто кылымдарда жашаган Махмуд Кашгари бабабыз өз «Сөздүгүндө» бул терминге жогорудагыдай эле мааниде аныктама берет.
Тарыхчы Олжобай Караевдин маалыматы боюнча, байыртадан көчмөндөр тарабынан отурукташкан иран-түрк тилдүү элдер «сарт» деп аталып келерин болжолдойт. Алардын ичинде кыргыздар да отурукташып, жер иштетишкен, соодагерлик кылган калкты жалпысынан «сарт» деп аташканы маалым. «Базары жакын байыбайт» деп чайкоочулукту жактырбаган кыргыздар улутуна, уруусуна эмес, кесибине байланыштуу «сарт» деген терминди соодагерлерге караштуу терс мааниде колдоонусу мүмкүн.
«Кыргыз этнонимдер сөздүгүндө» кыргыздын оң канатынын курамына, адигине уруулук тобуна – сарттар – ири уруусу кирери айтылат. Бүгүнкү алтайлыктарда «сарт», тувалардын курамында «сат» сөөктөрү (уруулары) кездешет. Андыктан, тарыхчылар, сарттар уруусун кыргыздардын курамындагы эң байыркы этнокомпонент катары кароого негиз бар дешет.
Саха-якут, монгол жана башка алтай тектүү тилдерде «сарт» деген сөз «ылаачын, шумкар» дегенди аныктайт. Демек, сарттар – «шумкарлар, ылаачындар уруусу» дегенди түшүндүрөт десе болот.
Ал эми хакас профессору Виктор Бутанаев «сартха» терминине «атканда үн чыгаруучу жаанын жебеси» маанисинде аныктама берет.
«Манас» эпопеясынын айрым варианттарында Самаркан жери Манастын мекени катары айтылып, өзү «Самаркандык сарт Манас» деп аталары белгилүү. Андыктан «аркалык», «сарт» деп атаса ага арданганыбыз туурабы?
Түндүк – Түштүк
Азыркы кыргыздардын түндүк-түштүк бөлүнүүсү – географиялык жактан дагы так эмес. Мисалы, түндүк аймакка кирет делген Нарын шаары география жагынан алганда Аксы, Ала-Бука райондоруна параллель, ал эми Ат-Башы түштүгүрөөк жайгашкан…. Таш Рабат, Чатыр Көл – Жалал Абад шаарынан дагы түштүгүрөөк болот. Картадан карап көргүлө…

Алмас, Турдумаматов, журналист

Төлөгөн Наралиев, Апрель баатыры: “Тайырбек Сарпашев мамлекетибизди “общий дворго” айландырабы?”

Өлкөдө глобалдык реформалар болууга тийиш. Ошол реформалар кайсыл нукта жана  максаты эмнеде деген ой жүгүртүү керек… . Чуулгандуу резонанс жараткан 80дей чет  өлкөлүк жарандардын жасалма паспорт менен кармалганы үчүн ким жооп берди?        Заводдон чыкканына 30 жылдан ашкан чет өлкөлүк автоунааларга жаңы номур берилип жатат. Мейли мамлекетибиздин абройю дейли, бирок ал техникалар өздөрүнүн ресурстарын бүткөрүп, чыгарган мамлекеттерде утилге кеткенин билебиз. Жараксыз деп табылган техникага жаңы номур тагуу маселеси актуалдуубу, же мунун аркасында башка бир максаттар барбы?  Ч. Айтматовдун “жаныбарым  Гүлсарысына” Аккуланын ээрин токугандай эле болуп калды көрүнөт. Элдин чөнтөгүнө  кол салуунун мыйзамдуу жолун  таптыңар, же мамлекетибизде башка проблемалар түгөндүбү?  Азыркы бийликтин убадаларынын эң негизгиси экономиканы көтөрүп, элдин жашоосун жакшыртуу эмес беле?

Мамлекеттик каттоонун башчысы Тайырбек Сарпашев баардык маселелерди чечип койгонсуп, эми Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүнө, абройюна шек келтирүүдө деп ойлойм. Учурунда  Аскар Акаевдин саясатын ишке ашырганга зор салым кошкон Тойчубек Касымов Кыргызстанды “общий  домго” айландырса, эми күйөө баласы Тайырбек Сарпашев мамлекетибизди көпчүлүк айткандай “общий  дворго” айландырабы? Же К.Ташиев айткандай бирөөлөр мажбурлап атса ачыгын айтсын… Кылымдарды карыткан Кыргыз улутун жок кылып жиберебизби? Кыргызды жок кылабыз дегендер азыр Кыргыз менен эсептешүүгө мажбур болуп жатпайбы!  Мыйзамдын ээси эл экенин эстен чыгарбайлы! Мындай глобалдык маселени эл чечсин, кандай мамлекетте жашай турганын. Кечээ эле “Алга Кыргызстандын” камчысын чаап жүргөн Т.Сарпашев кийин КСДПга кирип Кыргызстандын тагдырына “салым” кошуп жатканыбы?! 2010жылы 27-июнь Референдумунан кийин ошол кездеги премьер-министр А.Атамбаев Т.Сарпашевди биз менен тааныштырып, КСДПга киргенин билебиз. Биз башыбызды тобокелге сайып жүргөндө биз билбеген Т.Сарпашев азыр мамлекетибиздин тагдырын чечүүдө этият бол демекчибиз!

Төлөгөн Наралиев, “Акыйкат” кыймылынын төрага орун басары, Апрель баатыры, Талас облусу                  

Төлөгөн Наралиев, Апрель баатыры: “Тайырбек Сарпашев мамлекетибизди “общий дворго” айландырабы?”

Өлкөдө глобалдык реформалар болууга тийиш. Ошол реформалар кайсыл нукта жана  максаты эмнеде деген ой жүгүртүү керек… . Чуулгандуу резонанс жараткан 80дей чет  өлкөлүк жарандардын жасалма паспорт менен кармалганы үчүн ким жооп берди?        Заводдон чыкканына 30 жылдан ашкан чет өлкөлүк автоунааларга жаңы номур берилип жатат. Мейли мамлекетибиздин абройю дейли, бирок ал техникалар өздөрүнүн ресурстарын бүткөрүп, чыгарган мамлекеттерде утилге кеткенин билебиз. Жараксыз деп табылган техникага жаңы номур тагуу маселеси актуалдуубу, же мунун аркасында башка бир максаттар барбы?  Ч. Айтматовдун “жаныбарым  Гүлсарысына” Аккуланын ээрин токугандай эле болуп калды көрүнөт. Элдин чөнтөгүнө  кол салуунун мыйзамдуу жолун  таптыңар, же мамлекетибизде башка проблемалар түгөндүбү?  Азыркы бийликтин убадаларынын эң негизгиси экономиканы көтөрүп, элдин жашоосун жакшыртуу эмес беле?

Мамлекеттик каттоонун башчысы Тайырбек Сарпашев баардык маселелерди чечип койгонсуп, эми Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүнө, абройюна шек келтирүүдө деп ойлойм. Учурунда  Аскар Акаевдин саясатын ишке ашырганга зор салым кошкон Тойчубек Касымов Кыргызстанды “общий  домго” айландырса, эми күйөө баласы Тайырбек Сарпашев мамлекетибизди көпчүлүк айткандай “общий  дворго” айландырабы? Же К.Ташиев айткандай бирөөлөр мажбурлап атса ачыгын айтсын… Кылымдарды карыткан Кыргыз улутун жок кылып жиберебизби? Кыргызды жок кылабыз дегендер азыр Кыргыз менен эсептешүүгө мажбур болуп жатпайбы!  Мыйзамдын ээси эл экенин эстен чыгарбайлы! Мындай глобалдык маселени эл чечсин, кандай мамлекетте жашай турганын. Кечээ эле “Алга Кыргызстандын” камчысын чаап жүргөн Т.Сарпашев кийин КСДПга кирип Кыргызстандын тагдырына “салым” кошуп жатканыбы?! 2010жылы 27-июнь Референдумунан кийин ошол кездеги премьер-министр А.Атамбаев Т.Сарпашевди биз менен тааныштырып, КСДПга киргенин билебиз. Биз башыбызды тобокелге сайып жүргөндө биз билбеген Т.Сарпашев азыр мамлекетибиздин тагдырын чечүүдө этият бол демекчибиз!

Төлөгөн Наралиев, “Акыйкат” кыймылынын төрага орун басары, Апрель баатыры, Талас облусу                  

Бакыт Шаршембиев КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды

Алмаз Атамбаев Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык Шаршембиев Бакыт Нурджановичти Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына  дайындоо жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Бул тууралу КР президенттик аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

Жаш активист Гүлжигит Исаков бир улутту аймакка карап бөлгөндүктөрүнөн Улуттук Биримдик Кыймылынын курамынан чыкканын жарыялады

РАСМИЙ БИЛДИРҮҮ

Ушул убакка чейин Улуттук Биримдик Кыймылына (УБК) түзүлгөнүнөн баштап мүчө болуп келдим. Бул уюмдун бир топ иш-аракеттеринде, тагыраак айтканда гезит чыгарууда жана социалдык-экономикалык багытта материалдарды даярдоодо салым кошуп келдим.

Бул уюмдун айрым мүчөлөрүнүн Улуттук Биримдикке дал келбеген эски советтик позицияларынан улам, т.а. БИР УЛУТТУ аймакка карап бөлгөндүктөрүнөн жана элибиз карманып келген ислам динине сый-мамиле жасабагандыктарынан улам жана бул маселе бир айдан көп убакыттан бери жөнгө салынбагандыгынан улам бул уюмдан чыгуу чечимин кабыл алдым.

Улуттук-мекенчилдик багыт бир эле уюмдун монополиясында эмес экендигин эске алып, мындан ары деле бул багытта элибиздин атына заты төп келген эр-азаматтары менен кызматташа берээримди баса белгилей кетмекчимин.

Өзүмдүн идеалдуу адам эмес экенимди эске алып, Ыйык Рамазан айында ката кетиргендерди кечиремин, бирок менин кечирүүм менен эле бул маселенин чечилип калбашы анык. Кудай кечиреби, Улутубуз кечиреби, мына ушулар маанилүү.

Элибизде, журтубузда жана дүйнөдө тынчтык болсун!

Сый-урматым менен Исаков Гүлжигит
30.06.2016-ж.

Сузак районунда мыйзамсыз өстүрүлүп жаткан 500 кг кара куурай жок кылынды

 Сузак районун тургуну наркотикалык заттарды камтыгын өсүмдүктөрдү сатуу максатында банги затын камтыган өсүмдүктөрдү эгип өстүрүп жаткандыгы тууралуу  оперативдүү маалымат түшкөн эле. Анын негизинде,  28-июнда Жалал-Абад ОИИБнын наркотикалык заттарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иш-чаралардын натыйжасында, Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүнүн жайытынан атайын эгилип, каралып өстүрүлүп жаткан узундугу 3 метрдей жалпысынан 900 түп, болжол менен 450-500 кг. болгон кара куурай табылып,  калыстардын катышуусунда жулунуп алынды.  

Аталган факт боюнча кара куурай ким тарабынан атайын өстүрүлгөндүгүн тактоо сыяктуу ыкчам тергөө иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралу Жалал-Абад милициясы билдирет.

Жогорку Кеӊеш көп тилдүү билим берүүнү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алды

Жогорку Кеӊеште өлкөдө көп үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк түзүүгө багытталган «Кыргыз Республикасында көп тилдүү билим берүүнү киргизүү жөнүндө» токтом кабыл алынды.

Депутат Талант Мамытовдун айтымында, Баш мыйзамда бекитилген кыргыз тилинин мамлекеттик статусу этникалык топтор аралык ынтымакты бекемдөөдө, коомчулук башын бириктирүүдө чечүүчү мааниге ээ. «Ал эми расмий статуска ээ болгон орус тили улуттар аралык пикир алышуу милдетин аткарат. Мында англис тилинин дүйнөлүк алкакта ээлеген ордун унутта калтырууга болбойт. Ошондуктан, бул тилдерди билүү бизге көп артыкчылыктарды берет», – дейт ал.

Депутат кыргыз тилинде сабак өтүлгөн мектептерде орус жана англис тилдерин окутууну кыргыз тилинин деӊгээлине жеткирүү, ал эми орус тилиндеги мектептерде кыргыз тили менен англис тилдерин окутууну орус тилин окутуунун деӊгээлине көтөрүү зарылдыгын белгиледи. «Ошондон улам, Жогорку Кеӊештин токтому аркылуу Өкмөткө 3 айлык мөөнөттө бул концепцияны 2016-2020-жылдар аралыгында ишке ашыруу үчүн кошумча каражат табуу тапшырмасы берилүүгө тийиш», – деп кошумчалады ал.

Демилгечилердин айтымында, концепция азырынча Жогорку Кеӊештин токтому менен ишке ашырыла баштайт, ал эми келечекте атайын мыйзам долбоорун иштеп чыгуу зарыл.

Андан сырткары, эл аралык тажырыйбаны эске алуу менен, КР Өкмөтү 2016-жылдын 1-декабрына чейин окуучуларга башталгыч класстан тарта мамлекеттик тилди, расмий тилди, дагы бир чет тилин үйрөтүү боюнча концепцияны ишке ашыруу программасын иштеп чыгышы керек. Ошондой эле, Өкмөткө токтомду аткаруу жаатында бир катар тапшырмалар берилди.

Садыр Жапаров, экс-депутат: “Дастан Сарыгуловду камап, сулуу чымчык болушпай эле койсун”

“Кумтөр” десе жеген ашын жерге койгон, мунун айынан бийликтин биринчи душманына айланган Садыр Жапаров менен байланышып, кен тегерегиндеги соңку чыр-чатактар тууралуу баарлаштык.

– Садыр мырза, “Кумтөрдө” коррупциялык иштерге аралашкан, “мыйзамды эмес, Майрам Акаеванын айтканын аткарууну жогору койгон” деген доомат менен Дастан Сарыгулов камакка алынды. Эгер бул бийлик чындап коррупция менен күрөшсө, эң биринчи кимди камакка алыш керек эле?

– Эгер Атамбаев чындап адилеттүүлүк болсун десе күнөөлүүлөрдүн баарына бирдей караш керек эле. Дастан Сарыгуловду камап алып, мына эми “Кумтөрдөгү” коррупция менен күрөшүп атабыз дегени жаш баланын оюнуна эле окшоп жатат. Анткени, ал жерде Дастан Сарыгуловдон да жаман иштер менен алектенгендер бар. Атамбаев кыйын болсо, ошолорду дагы ачыкка чыгарышы керек. Элди “Кумтөрдөгү” коррупция менен күрөшүп жатам деп соороткону болбогон иш.

– Эми “Кумтөр” боюнча жасалып жаткан иштер адилеттүү жүрөбү же бийлик заматта канадалыктардын адвокатына айланабы?

– “Кумтөр” боюнча көтөрүлүп жаткан маселе жогоруда айткандай оюн эле болуп калат. Ал эч качан адилеттүү жүрөт деп ишенбейм. Себеби, беш жылдан бери эле бийлик “Кумтөрдүн” адвокатындай таасир калтырып калган. Элди “кыйратып жатабыз. Биз күрөштү күчөттүк” дегени менен дагы деле жең ичинен соодалашуу, “бармак басты, көз кысты” деген саясат менен алек болушат. Анткени, ал жерде чынында сүйлөшүү башка нукта жүрүп жатат. Ошондуктан, “Кумтөрдүн” маселесин чечейин деп билек түрүнө киришкен деле киши жок. Эптеп элди алдап, түпкүлүгүндө башка маселени ишке ашырууну эле көздөп жатышат.

– Бизге жеткен маалыматтарга караганда ар бир келишим түзүлгөндө, ошондой эле ар бир комиссиянын текшерүүсүндө коррупциялык схема калкып чыгат экен. Эгер ошол маалымат чын болсо, Атамбаев да ошондой оюнга аралашканбы?

– Сиз уккан маалыматтын чындыгы бар. Ага баары аралашкан. Аны танам десе, тастыктаган колдору бар. Ошон үчүн Дастан Сарыгуловду камап, “коррупция менен күрөшүп жатам”- деп сулуу чымчык болушпай эле койсун. Дагы айтам, алардын андай иштерге аралашканын тастыктай турган колдору турат.

– “Кумтөр” боюнча кандай маселе көтөрүлсө дагы эмнегедир акционерлердин аты ачыкка чыкпайт. Алардын арасында азыркы бийликтегилер да барбы?

– Бар. Ошон үчүн аттарын ачык жарыялабайт. Негизи алардын атын чыгарыш үчүн, алардын акционер экенин далилдеш үчүн чын жүрөктөн тергөө иши жүрүш керек. Ошондой эле оффшордук компаниялар аркылуу кайсы биздин атка минерлер акцияга ээ экенин далилдеп чыгуу учур талабы. Далилсиз эле “баланчанын акциясы бар” десек туура эмес болуп калат.

– Бийликтегилер “Кумтөр” үчүн күрөштү “баштадык” дешти.  Эгер чындап күрөш башталса, анда эмнеге  сиз жетектеген комиссиянын чыгарган корутундусун колдонбойт?

– Анткени, өздөрү коррупцияга белчесинен батып алышып, чыга албай олтурушат. Ошол былыктарыбыз ачыкка чыгып кетет деп кооптонушуп, мен жетектеген комиссиянын  корутундусун көз жаздымда калтырып, элдин, жердин кызыкчылыгын коргобой жатышат. Ошон үчүн булар “Кумтөр2 маселесинде жарытылуу иш жасаарынан шек санайм. Булар “артымды тазалайм, былыктарымды жабам”,- деген саясат менен гана алек болушат .

– Эгер сиз айткан сөзгө ынан турган болсок, бийлик анда кандай максат менен “Кумтөрдөн” пайда көргөн сүткорлорду иликтей баштады?

-Жогоруда кеп кылгандай, бийлик жөн гана элди алаксытуу максатында көз боемоочулук кылып, элди алдап “коррупция менен күрөшүп жатабыз” деген түр көрсөтүүдө.. Анткени,  “Кумтөрдөгү” калган алтынды алып чыгып кетишкенче так ушундай тактика менен иш кылып, тигилерге элди алдап, шарт түзүп берип жатышат.

– Кыргызстан тарабынан издөө жарыяланып, чет мамлекеттердин биринде кармалып, кайра бошотулган Хоменюктун каты бу сапар неге маанилүү болуп, кылмыш ишин козгоого негиз болуп жатат?

– Менимче, Хоменюк өз каты менен биздин бийликти” көзүңөрдү ачкыла, керек болсо ар бириңердин алып жүргөн параңарды ачыктап коем” деген  окшойт. Болбосо, ага кат жазып башына не күч келди дейсиң.

– Бирок, айрым аналитиктер кыргыз бийлиги менен Хоменюктун  ортосунда кандайдыр бир соодалашуу жүрүп жатат деген кооптонгон ойлорун ортого салып жатышат го?

– Албетте, бүгүн соодалаша элек болсо эртең сөзсүз соодалашышат. Себеби, Хоменюк дагы бир жыландын башын кылтыйтып туруп, анан булардын мойнуна тузак салып алат. Болду, ошону менен “текшерип атабыз” демиш болуп, дагы беш жыл өтөт. Калган каткан алтындын запасын ошентип чыгарып кетишет. Менимче, мына ушундай саясатты ишке ашыруу үчүн ушундай оюндар жүрүп, ага Дастан Сарыгулов садага чабылып жатат. Болбосо, азыркы бийликтин өзүндө дагы ошондой катачылыкка жол берген, ал тургай туурап эмес иштер менен алектенгендер четтен чыгат.

Булак: “Майдан.kg” 

Бишкекте Стамбулдагы теракт курмандыктары эскерилди

Бишкекте Түркия элчилигинде Стамбулдагы террордук чабуулдардан мерт кеткендерди эскерүү иш-чарасы өттү. Ага белгилүү саясатчылар, жарандык активисттер, Кыргызстандагы түрк окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү, жалпысынан 50дөн ашуун адам катышты.

Алар Стамбулдагы чабуулду айыптап, террорчулук жалпы дүйнө үчүн коркунуч жараткан көрүнүш болуп жатканын белгилешти.

Окуяга байланыштуу ачылган “Көңүл айтуу китебине” түрк элине тилектештик, тынчтык каалоолору жазылууда. Элчилик өкүлдөрү келгендерге ыраазылык билдирип, оор күндө бирге болгондорго рахмат айтты.

28-июнда Стамбулдун Ататүрк аэропортунда теракттан 40тан ашуун адам набыт кеткен.

Фото — «Дилбар» мода үйү №17-кесиптик лицейдин бүтүрүүчүлөрүн конракттык негизде жумушка ала баштады

Бүгүн Бишкек шаарындагы Эмгек Кызыл Туу ордендүү №17- кесиптик лицейинде 2015–2016-окуу жылын жыйынтыктоо боюнча салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Аталган иш-чарага Жогорку Кеңештин, башталгыч жана орто кесиптик билим берүү агенттигинин, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана ошондой эле иш берүүчүлөр, мода агенттиктеринин өкүлдөрү жана бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери катышты.

лицей 17     Лицей 17 2

Лицей 17 3     Лицей 17 4

2015–2016-жылдагы окуу жылында бюджеттик жана контракттык негизде 280 жаш улан-кыздар тигүүчүлүк, бычмачылык, чачтарач, слесарь адистигине ээ болушту. Алардын ар бири тандаган кесиби боюнча өздөрү тигип даярдаган сырткы кийимдерди, улуттук колоритти камтыган кече көйнөктөрүн, эркектердин костюмдарын көпчүлүктүн сынына коюшту. Бүтүрүүчүлөрдүн эмгектери көрүүчүлөр тарабынан зор кызыгууну жаратты.

Кесиптик лицейдин бүгүнкү бүтүрүүчүлөрүнүн 80-90 пайызы ар түрдүү өндүрүштүк ишканаларда жумуш орундары менен камсыз болушту. Мисалы, «Дилбар» мода үйүнө контракттык негиздеги бүтүүрүчүлөрдүн көпчүлүгү иштешип жатышат. Бул көрсөткүч биздин ата мекендик өндүрүшчүлөр атайын билимге ээ болгон адистерге өтө муктаж экенинен кабар берет деп билдирди аталган лицейдин директору Инават Ниматова өз сөзүндө.

Баарыбызга маалым болгондой акыркы жылдары тигүүчүлүк, бычмачылык, чачтарач кесиптерине иш берүүчүлөр тарабынан коомдо талап күчтүү болуп, алар жакшы эмгек маяналарын алып келишет.

Видео - Депутаттардын кыргыз тилине жасаган чыккынчылыгы

Бүгүн Жогорку Кеңеште телеканалдардагы программалардын 50 пайызын кыргызча көрсөтүүлөр түзүшүн камсыздаган мыйзам долбоорун депутаттар күн тартибинен алып коюшту. Буга нааразы болгон эл өкүлү Рыскелди Момбеков кесиптештеринин бул кылыгы мамлекеттик тилге болгон чыккынчылык экенин айтып, уй дагы өз тилинде мөөрөп, кой өз тилинде маарап жатса, кыргыздар өз тилинин кадырына жете албай жатканына кейиди. Ошондой эле ал парламентте “кыргыздар” менен “киргиздердин” ортосунда дайыма ушундай тирешүү болуп келгинин кошумчалады. Жогорку Кеңештин “Күн тартибинде” программасында бул маселе боюнча депутаттар Төрөбай Зулпукаров менен Рыскелди Момбеков өз ойлорун билдиришти.

Төрөбаев тымызын түрдө Атамбаевден өч ала баштадыбы?

“Gezitter.org» сайты өлкөдөн сырткары жерде катталганы менен негизинен Кыргызстандагы болуп жаткан окуяларга тыкыр көңүл бөлүп, кыргызчаларын орусчага которуп, жарыялап турат. Маанилүү маселелерден четте калбай, тараптарды «жаман-жакшы» деп ылгабай, саясый спектрди толук камтып, ак-көк катары бөлбөй калыстык менен чагылдыруу аркылуу коомчулуктун назарына илинип, абройго ээ болгонун тана албайбыз.

Бирок, сайтынын комментарийлер бөлүгүнө кирсең көңүлүң иренжийт. Оозунан “ак ит кирип, кара ит чыккандардын” баары топтолуп алып, оозго алгыс сөздөр менен бирин-бири ашата сөгүп жатканына күбө болуп, уяласың. Ошол сайтта иштеп жаткан кызматкерлер каякты карап отурат. Же эмне аларга баары бирби? Ушундай абройлуу сайтка чыпка коюп, уят сөздөрдү жана адамдардын ар-намысына шек келтирген мазактоолорду неге алып салбайт?

Көрсө, кептин маңызы баш­ка жакта экен. Айрым маалыматтар боюнча, “Gezitter.org” буга чейин «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаевге жан тартып, ал тууралуу жагымсыз маалыматтарды тазалап келгенин, колдогонун байкап жүрөбүз. Ким билет? Төрөбаев жең ичинен кандайдыр бир шарттар менен ээлик кылганга өткөн жокпу? Андай болсо, кызык суроо туулат. Президент Алмазбек Атамбаевди баш кылып, калганын төш кыла комментарийлер менен сайттын окурмандары жайлап атышса, Бакыт мырза эмнеге билмексен болуп отурат? Жалгыз эле президентти эмес, баарын жаман сөздөр менен поктоп атышат… Аталган сайттын түзүүчүсү Максим Каганер «Өнүгүү-Прогресстин» идеологиясын тейлеп жүргөндөн кийин, башка эмнени сөз кылабыз? Же Курманбек Бакиевдин качып кеткенине ичи ачышкан, агездеги министрлик кызматын Убактылуу өкмөткө жулдуруп ийген Тере­баев ичтен кекенип, Атамбаев жана анын тилектештеринен өч алууга киришкен чагыбы? Балким, бул башталышы го… Көзгө суук жыландын башы эми көрүнөбү?..

Булак: “Азия news”

Видео - Көчмөндөр оюну көлдүктөрдү жолсуз калтырды

Ушул жылдын сентябрь айында Ысык-Көлдө “Көчмөндөр оюну” башталат. Учурда жолдорду оңдоо иштери кызуу жүрүп жатканы менен мунун кесепети жергиликтүү элге тийүүдө. Жолдун жамандыгынан эс алуучулар барбай туристтик сезондук зарыга күткөн көлдүктөр эмне кылаарын билбей турган чагы.

Камчыбек Жолдошбаев, ЖК депутаты: “Депутаттар, өзүңөргө өзүңөр көр казбагыла”

Депутаттар “Референдум жөнүндө” контитуциялык мыйзам долбоорун алып чыгуу менен өздөрүнө өздөрү көр казып жатышат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында “өнүгүүчү” Камчыбек Жолдошбаев билдирди. Анын айтымында бул мыйзамдын кабыл алынышы менен парламент тарап кетиши ыктымал.

“Учурунда Бакиев бир күндө Жогорку Кеңешти таратып жибергени эсиңерде болсо керек. Ушул Текебаевдин адамдары булактын башын булгап коюп, анан кайра эле элге кошулуп суу иче береби? Айтып коёюн, депутаттар, өзүңөргө өзүңөр көр казбагыла. Мындай мыйзамдын бизге кереги жок, давай сөз бүттү”, – деди Жолдошбаев.

Эске салсак, бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңеш жыйынында депутаттар Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Текебаев, Тынчтык Шайназаров, Алмамбет Шыкмаматов  демилгелеген “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорунун концепциясы каралды.

Демилгечилердин бири Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, референдум жөнүндөгү аракеттеги мыйзамды Конституцияга шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан. Талкууда аталган мыйзам долбоору эмне зарылчылыктан улам демилгеленгендиги такталып, референдум өткөрүүнү 10 миң шайлоочу жана өкмөт тарабынан демилгелөөсү боюнча айрым жагдайлар тууралуу кайчы пикирлер айтылды. Бир катар депутаттар бул мыйзам долбоорун коомчулукка алып чыгып, талкууга алуу зарылдыгын сунушташты.

 

Өмүрбек Бабанов: "Кожобек Рыспаевдин мыйзамынын бизге эмне кереги бар?"

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз тилиндеги телеберүүлөр жалпы контентте 50 проценттен кем болбош керек деген мыйзам долбоору боюнча депутаттар арасында бир топ талаш-тартыш жаралды. “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов бул мыйзамга каршы чыгып жаткандарга нааразычылык билдирип, андай болсо КСДПчы депутат Кожобек Рыспаевдин дагы ММК жөнүндөгү мыйзамы керексиз экенин белгиледи.

“Биз социал-демократтардын, Кожобек Рыспаевдин чет өлкөлүктөр телевидениеде 65% болбосун деген сунушун колдодук. Эми 50% кыргыз тилинде болуш керек дегенди колдобой койсок анда Рыспаевдин мыйзамы бизге эмне кереги бар? Калыстык деген болуш керек”, – деди Бабанов.

Жогорку Соттун судьясы А.Ажибраимова кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду

Жогорку Кеңештин жыйынында Айжамал Ажибраимованы КР Жогорку Сотунун судьясынын кызмат ордунан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө токтом долбоору каралды.

Жыйында президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Молдакун Абдылдаев Евразиялык экономикалык бирлигинин сотунун судьясы кызматына өтүп жатканына байланыштуу Айжамал Ажибраимованы Жогорку Сотунун судьясы кызматынан бошотуу тууралуу президенттин сунушу менен тааныштырды.

Жыйынтыгында А.Ажибраимованы Жогорку Соттун судьясынын кызмат ордунан бошотуу жөнүндө токтомдун долбоору кабыл алынды.

Атамбаев Жогорку Кеңешке келди

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты.

Жогорку Кеңешинин жыйынында өткөн салтанаттуу аземде чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев, транспорт жана жол министри Замирбек Айдаров, маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев ант беришти.

Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү мурда президенттин тиешелүү жарлыктары менен бекитилген.

Төлөгөн Наралиев, Апрель баатыры: “Тайырбек Сарпашев мамлекетибизди “общий дворго” айландырабы?”

Өлкөдө глобалдык реформалар болууга тийиш. Ошол реформалар кайсыл нукта жана  максаты эмнеде деген ой жүгүртүү керек… . Чуулгандуу резонанс жараткан 80дей чет  өлкөлүк жарандардын жасалма паспорт менен кармалганы үчүн ким жооп берди?        Заводдон чыкканына 30 жылдан ашкан чет өлкөлүк автоунааларга жаңы номур берилип жатат. Мейли мамлекетибиздин абройю дейли, бирок ал техникалар өздөрүнүн ресурстарын бүткөрүп, чыгарган мамлекеттерде утилге кеткенин билебиз. Жараксыз деп табылган техникага жаңы номур тагуу маселеси актуалдуубу, же мунун аркасында башка бир максаттар барбы?  Ч. Айтматовдун “жаныбарым  Гүлсарысына” Аккуланын ээрин токугандай эле болуп калды көрүнөт. Элдин чөнтөгүнө  кол салуунун мыйзамдуу жолун  таптыңар, же мамлекетибизде башка проблемалар түгөндүбү?  Азыркы бийликтин убадаларынын эң негизгиси экономиканы көтөрүп, элдин жашоосун жакшыртуу эмес беле?

Мамлекеттик каттоонун башчысы Тайырбек Сарпашев баардык маселелерди чечип койгонсуп, эми Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүнө, абройюна шек келтирүүдө деп ойлойм. Учурунда  Аскар Акаевдин саясатын ишке ашырганга зор салым кошкон Тойчубек Касымов Кыргызстанды “общий  домго” айландырса, эми күйөө баласы Тайырбек Сарпашев мамлекетибизди көпчүлүк айткандай “общий  дворго” айландырабы? Же К.Ташиев айткандай бирөөлөр мажбурлап атса ачыгын айтсын… Кылымдарды карыткан Кыргыз улутун жок кылып жиберебизби? Кыргызды жок кылабыз дегендер азыр Кыргыз менен эсептешүүгө мажбур болуп жатпайбы!  Мыйзамдын ээси эл экенин эстен чыгарбайлы! Мындай глобалдык маселени эл чечсин, кандай мамлекетте жашай турганын. Кечээ эле “Алга Кыргызстандын” камчысын чаап жүргөн Т.Сарпашев кийин КСДПга кирип Кыргызстандын тагдырына “салым” кошуп жатканыбы?! 2010жылы 27-июнь Референдумунан кийин ошол кездеги премьер-министр А.Атамбаев Т.Сарпашевди биз менен тааныштырып, КСДПга киргенин билебиз. Биз башыбызды тобокелге сайып жүргөндө биз билбеген Т.Сарпашев азыр мамлекетибиздин тагдырын чечүүдө этият бол демекчибиз!

Төлөгөн Наралиев, “Акыйкат” кыймылынын төрага орун басары, Апрель баатыры, Талас облусу                  

Айт намазы быйыл Бишкектин эски аянтында окулбайт

Бул жылы Айт намазы эски аянтта окулбайт. Бул тууралуу Бишкек мериясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл Айт намазы 5-июлда саат 7.30дан 8.10гө Жеңиш аянтынын жанында, тагыраагы Абдрахманов жана Ибраимов көчөлөрүнүн ортосундагы Фрунзе көчөсүндө окулат. Намазга карата аталган аймак иретке келтирилип, тазаланат.

Асейин Саралаев: Сарт дебегин кыргызды!

Ээ, кыргызым! Каның неге ууланды?
Ким эрк берди, элди бузуп кууганды.
Гитлер сындуу “фашист катын” чыгыптыр,
“Сарт” дебегин каны бирге тууганды!!!

Ээ, кыргызым! Жек көрбөгүн бириңди!
Элди бөлбөй тыйып жүргүн дилиңди.
Түштүк элин бир туугандай көрөмүн,
“Сарт” деп турсаң кесип салам тилиңди!

Ээ, кыргызым! Түштүк сенин канатың,
Канатың жок кантип учуп барасың?
Кыргыз деген аппак шумкар көктөгү,
“Сарт” дегендин кудай берсин жазасын!

Ээ, кыргызым! Жок жоосунду баштадык,
Ооз ачырса душман кылып таштадык.
Баргандардын баарын сарт деп күнөөлөп,
Ак калпакка баткак чылап какшадык!!

Ээ, кыргызым! Кастык кылба элиңде!
Бакиев да эл башкарган жеримде.
Дин алдында баары аткарат милдетин,
Эл бөлгөндүн орду тозок элинде!

Ээ, кыргызым! Сарт дебегин кыргызды!
Тилиң менен уулабагын жылдызды.
“Сарт” дегендин өзүн накта сарт деймин,
Кечирип кой сартка айланган бир кызды!

Асейин Саралаев

Бекболот Талгарбеков: “Эч күнөөсүз камалганыбыз Атамбаевге кадыр-барк алып келбейт”

“Элдик парламент” бирикмесин уюштуруп, президенттин катачылыктарын санап, ага ачуу сын айтып, жыйынтыгында “мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган” деген шек менен МУККнын тергөө абагына камакка алынган Бекболот Талгарбеков менен байланышып, ал тууралуу айтылып жаткан имиштерге жана кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

– Бекболот агай, бийликтин катачылыгын айтып, тынч митинг өткөрөбүз деген оюуңар оңунан чыкпай, камакка алындыңар. УКМКнын койгон дооматына макулсузбу?

– “Элдик парламент” бирикмеси алгачкы күндөн тарта мыйзамдын кылын да бузбай, укук талаасында гана иштеп келгенбиз. Биринчи билдирүүдө эле биз ар кандай төңкөрүштөргө каршы позициябызды ачык жана так айтканбыз. Ал гана эмес, биринчи пресс- конференциябызда дагы МУККна кайрылып, алардын кызматкерлери биз менен бирге офисте отурушун өтүнгөнбүз. Бирок, биз иштеген бир ай аралыгында расмий бийлик бир жолу да биз менен байланышууну, сүйлөшүүнү аткарууну каалабады. Биздин жалган көрсөтмөлөр менен камакка алынышыбыз – азыркы бийликтин чоң катасы деп эсептейбиз. Биздин иш-аракеттерде эч кандай мыйзам бузуу жок экенине толук ишенебиз.

– Бекболот агай, эмне үчүн камакка алынган башка саясатчылардай болуп, элге кайрылуу жасап,  ак жериңерден камакка алынганыңарды айтып, чындык издеген жоксуңар? Неге саясый тыныгуу алдыңар?

– Биз камалгандан кийин туугандар, достор, тарапташ инсандар ар кандай формада нааразычылык акцияларын өткөрөбүз дешкен. Бирок, биз өзүбүз өтүнүп аларды токтоттук. Биз мыйзамды сыйлаган саясатчылар болгондуктан, тергөөгө саясый кысым кылууну туура көрбөдүк. Мына 1,5 айдан бери тергөөчүлөрдүн баардык суроолоруна жооп берип, кызматташып келе жатабыз. Тергөөчүлөрдүн да биз мыйзамды бузбаганыбызга көздөрү жетти. Бирок, аларга да жогору жактан кысым болуп жатса керек. Андан тышкары биз дароо “Элдик парламенттин” башка мүчөлөрүнө кайрылып, саясый иш-аракеттерди сот иши бүткөнгө чейин токтотуп турууну суранганбыз. Алар биздин айтканыбызга толук макул болушкан.

– “Элдик парламент” уюшулганда артыңарда Россиянын белдүү кызматтары менен кызматташкан таасирдүү адамдар тураарын айткан элеңер. Алар силерди УКМКнын тузагынан сууруп чыкканга күчү жеткен жокпу же алар бул ишке аралашууну туура көргөн  жокпу?

– Россиядагы генералдар (биздин мурдагы мекендештер) Кыргызстандын тергөө жана сот иштерине кийлигишпейт. Биз алар менен эки багытта иш алып барганбыз. Биринчиси, алардын жардамы менен 2010-жылдагы июнь коогалаңынын себептерин, күнөөкөрлөрдү аныктоо болчу. Бул багытта Россиядагы генералдар дагы деле ишти улантып жатышса керек. Экинчиси, Кыргызстан-Россия карым-катнашындагы коррупциялык схемаларды изилдеп, коомчулукка жарыялоо. Мына, эки-үч күн мурда эле Нарын ГЭСиндеги курулуш боюнча коррупциялык иш менен аленктенген делип, “Русгидронун” жетекчиси камалды. Биздин оюбузча бул ишти ачууда биздин россиялык генералдардын дагы салымы бар.

– Тергөө мыйзам чегинде эле жүрүп жатабы? Бири-бириңерге каршы көрсөтмө бердирип, күчтөп мойнуңарга алдырган жагдай орун алган жокпу?

– Тергөө ашыкча мыйзам бузуу менен жүрүп жатат деп айталбайм. Бирок, “обвинительный уклон” бар экени билинип турат.

– Айрымдар Атамбаевдин кадырын жасалма жол менен болсо да көтөрүү үчүн сиз башында турган  бирикме уюшулуп, ачуу сындар айтылып, анан бийлик таасирин көрсөткөн  жагдай орун алды деп жатышат.  Бул кепке ишенсек болобу?

– Биздин эч күнөөсүз камалганыбыз Атамбаевге кадыр-барк алып келбейт. Күчтүү лидер саясый каршылаштарын ачуу пикирлерин угуп, кандайдыр бир жыйынтык чыгарып, ал гана эмес сүйлөшүүгө да баруусу зарыл деп эсептейм. Мен бийликтен кеткен жогорку кызматтагы жетекчилерди  эч убакта сындаган эмесмин. Бийликте турган жетекчилерге гана сын айтам. 2009-2010-жылдарда президент Бакиевге карата Текебаев, Бекназаров, Жекшенкуловдордон ашса ашкан, бирок алардан кем калбаган сын айтчумун. Бирок, Бакиев алардан жыйынтык чыгарбаса дагы куугунтукка алган эмес.

– Башында сиздер менен санаалаш, идеялаш болуп, “Элдик парламенттин” уюшулушуна салым кошкон айрым инсандар сиздер камакка алынар замат бирикмеден чыгышканын  жар салышты. Алардын “Элдик парламентти” таштап, кара башын калкалап чыга качышкандарына капа болгон жоксузбу?

– Биз камалгандан кийин “Элдик парламенттин” мүчөлөрү бизди сатып кетишкен жок. Тескерисинче, салам айтып, моралдык колдоо көрсөтүп турушат. Биз аларга терең ыразаабыз. Ал эми Мамасадык Бакиров мурда эле өзүнүн жеке маселеси боюнча мага кайрылып, “Элдик парламенттен” чыгып турайын деп өтүнгөн. Аны “сатып кетти” деп эсептөөгө негиз жок.

– “Достук” мейманканасында өткөн форумда “24 саат бою сиздер менен кызматташканга даярбыз” деген саясатчылар бүгүн сиздерден жүзүн буруп кеткен жокпу? Жок дегенде моралдык колдоо көрсөтүп, силер тууралуу эки ооз жакшы сөз айтканга эрки жетип жатабы?

– Ал күндө өткөн форумга катышкан саясатчылардын көпчүлүгү бизге моралдык колдоо көрсөтүп келе жатышат. Тилекке каршы, аларга да саясый кысым болбосун деп аты-жөндөрүн ачык айта албайм. Форумга катышып, ал жерден бизге абдан колдоо көрсөткөн саясатчыларга, журналисттерге, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө терең ыраазчылык айтабыз.

– УКМКнын СИЗОсуна камалганы сизди айрымдар “сынды”, “кайратынан тайды”, “айткан сөздөрүнө, жасаган иштерине өкүнгөн абалга кептелди”, “санаалаштарын сатты” – деп жатышат. Ошол чынбы?

– Эгерде биз мыйзам бузуп же төңкөрүш жасайбыз деп аракеттенген болсок, анда албетте сынып калмакпыз. “Ак ийилет, бирок сынбайт” дегендей чындык биз тарапта болсо, биз укук талаасында гана иш алып барсак, анда эмне үчүн сынып, буга чейинки жасаган ишибизге өкүнүп, бири-бирибизди сатмак элек. Биз ишенебиз, Алла баарын көрүп, таразалап турат. Ал эртедир-кечтир өзүнүн акыйкат ишин жасайт.  Ошон үчүн мен кимдир бирөөлөрдү сатып, андан упай топтобойм. Анын үстүнө санаалаштарымды сатуу менин табиятыма да дал келбейт. Ал эми айрым басма сөз каражаттарына чыгып жаткан мен тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтар тууралуу айтсам, ден соолугум жайында. Сынып, мүңкүрөп деле калган жокпуз. Учурдан пайдаланып, ММК жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө жана кайдыгер эмес жарандарга кайрылып кетүүнү туура таап турам. Биздин сот процесс ачык жүрүп, жалпы коомчулта кеңири талкууланып, сот чечими акыйкат жана калыс болушуна жардам бересиздер. Антпесек, азыр өнөкөткө айланган саясый куугунтук токтобойт.

Булак: “Майдан. kg” 

Жогорку Кеңештин акыркы жыйыны чыр менен бүткөнү калды

Жогорку Кеңеш бүгүн, 30-июлда акыркы жыйынын өткөрүп жатат. Ошону менен депутаттар күзгө чейин эс алууга тарашат. Акыркы шансын пайдаланып калгысы келген эл өкүлдөрү микрафон талашып, бирин-бири уккусу келбей, тил кайрашуулар күчөдү. Эптеп эки нерсенин башын кошуп, мыйзам токугандар мыйзамын өткөрүп алууга жан үрөшсө, кээлери кемчилигин моюнга алып, жазган мыйзамын артка кайтарып алышууда. Төрдө отурган төраганын айласы куруп, жыйынды башкара албай убара чегип жатат. Арасынан чыккан акылдуулары урушуп-талашпай жөн эле кетели, эки айда кайра эле сагынышып калабыз, ыр менен башталган ЖК жыйынын чыр менен бүтүрбөйлү дешип кесиптештерин тыюу аракетин көрүп жатышат. Кыскасы, бүгүнкү жыйын маанилүү маселелер менен эмес, чыр-чатактар менен аяктай турган болуп калды.

Дуулат баатырдын убалына калган Болот Шер

7-апрель баатыры Дуулат Турдуналиев мамлекеттик төңкөрүш жасоого шектелип, издөөгө алынганы белгилүү. Эгер Дуулатты кармагысы келсе, УКМК оңой эле кылтакка илмек беле? Табышмак. Сыягы, кичи мекениндеги калың элдин колдоп кетишинен чочулашты окшойт. Айрым маалыматтар боюн­ча, ал жашырынбай эле Жамбыл менен Таластын ортосунда жүргөнү чынбы?.. Эсиңерде болсо керек, 2010-жылы 6-апрелде эл тарабынан Таласта бийлик алмашканда, дал ушул Дуулат облустук администрацияны биринчи басып алып, агездеги бакиевчи аткаминерлердин баарын өз колу ме­нен сабаганы легендага айланып жүрөт. Башкасын айтпасак да, Молдомуса Конгантиевди билесиңер да. Ошондо бир гана Акылбек Жапаров амалдуулук кылып, Дуулаттын колуна тийбей калыптыр, эгерде илингенде соо калмак эмес. Кыскасы, мизи кайткан Бо­лот Шер үчүн туруп берип, ошол 6-апрелде эл тарай баштаганда жоктон барды жаратып, бийлик менен кагылышуу кылгандан ки­йин Дуулаттын аты чыгып, бирок, революционер баатыр катары эмгеги бааланбай калганы кандай? А бүгүн болсо куугунтукта жүрөт. Мына ушунун баарын таластыктар Болот Шердин айынан болгонун эстешип, нааразы болуп атканын эшиттик. Жаш баланы саясаттын тегирменине салып берип, өзү четте карап турганы Кудайга жагабы?..

Булак: “Азия news

Мэлис Мамбетжанов Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун төрагасы болуп дайындалды

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун 29-июнда кол койгон буйругуна ылайык, Мамбетжанов Мэлис Тулиндыевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун төрагасы болуп дайындалды.

Видео - Алтынбек Сулайманов: "Чыныбай Акунович, сиз мага акыл үйрөтө тургандай кимсиз өзү?"

Жогорку Кеңештин жыйынында “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов төрага Чыныбай Турсунбековду добуш берүү учурунда регламентти бузуп жатканы үчүн айыптады. Ага чычалай түшкөн Чыныбай Акунович “бул менин укугум, каалагандай башкарам” деди эле, А.Сулайманов “өзүңүздүн укугуңузду билбейт экенсиз, депутаттардын укугу бирдей. Эгер сиздин укугуңуз өзгөчө болсо, кана кайсыл жерде жазылганын айтып бериңиз”, – деп жарга такады.

https://youtu.be/0AeawdT__DU

ВидеоKadarlar

5-март официалдуу түрдө Ак калпак күнү деп белгиленди

29-июнда Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Тазабек Икрамовдун демилгеси менен 5-мартты жыл сайын Ак калпак күнү деп белгилөө жөнүндө токтом долбоору каралып, кабыл алынды.

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов тарабынан демилгеленген 5-мартты жыл сайын Ак калпак күнү деп белгилөө жөнүндө токтом долбоору каралып, колдоого алынды. Депутат Гүлшат Кадыровнанын сунушу боюнча аталган токтом-долбоорго «жана улуттук кийимдер күнү» деп кошумча киргизүү сунушталып, демилгечи тарабынан колдоого алынды.
Жалпы добуш берүүгө 80 депутат катышып, 80 депутаттын макулдугу менен официалдуу түрдө «5-март Ак Калпак жана Улуттук кийимдер күнү» деп бекитилди.
Эскерте кетсек, 5-март күнүн 2011-жылы кинорежиссер Ырысбек Жабиров тарабынан “Ак калпак күнү” деп демилге көтөрүлүп, бирок официалдуу эмес түрдө эл арасында майрамдалып келген.

 

«Жарандык платформа» коомдук фонду жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында “Өз добушуңду сатпа” маалыматтык-агартуу өнөктүгүн баштайт

«Жарандык платформа» коомдук фонду «2016-жылы жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду өткөрүүдө мамлекетке көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында Швейцария өкмөтүнүн колдоосунда «Өз добушуңду сатпа» маалыматтык-агартуу өнөктүгүн  шайлоо процессинин катышуучуларынын көңүлүн «Добуштарды сатуу» проблемасына буруу жана добуштарды сатып алуу үчүн жоопкерчиликти күчөтүү планында шайлоо процессинин жаңылыктары жөнүндө калктын маалымдарлыгынын деңгээлин жогорулатуу максатында баштайт.

Бул өнөктүк 2016-жылы күзүндө өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун алкагында өткөрүлөт.

Өнөктүктүн алкагында калкка шайлоо укугу маселелери боюнча консультациялык жана маалыматтык жардам көрсөтүү үчүн Бишкек жана Ош шаарларында 2 Маалыматтык Ресурстук Борбор (МРБ) ачылат. МРБнын базасында шайлоого тиешелүү бардык маселелер боюнча маалыматтык-укуктук жана усулдук база түзүлөт, ал шайлоо мыйзамдарына киргизилүүчү мыйзам долбоолорун баяндоону жана талдоону, жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жана калкты сурамжылоонун натыйжаларын жана башка актуалдуу маалыматты камтыйт, ошондой эле МРБда жарандар, саясий партиялар, ЖМКлар үчүн окутуулар өткөрүлөт.

Мындан тышкары, шайлоо дайындалган учурдан тартып, МРБда жарандардын өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен тактоо, шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча оперативдүү маалыматы топтоо боюнча жарандарга жардам көрсөтүү үчүн «Суроолор-жооптор» түз байланышы ишке киргизилет.

Маалыматтык өнөктүк өткөрүүнүн планына ылайык, Кыргызстандын бардык региондорунда жигердүү иш жүргүзүлөт, тактап айтканда өлкөнүн 40 районунда шайлоочуларды сатып алуу үчүн жоопкерчиликти катуулатуу, добуш берүүнүн эрежелеринин жана жол-жоболорунун өзгөрүүсү жана башка актуалдуу маселелер боюнча жаңылыктарды талкуулоо максатында активисттер менен маалыматтык жолугушууларды өткөрүү болжолдонууда.

Азыркы учурда Фонддун жетекчиси А.Усупбекова курамына кирген Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегияны (ТӨУС) аткаруу боюнча Жумушчу топ тарабынан КР мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча КР ЖК үчүн рекомендациялардын, ошондой эле саясий партиялардын, шайлоо комиссияларынын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын шайлоочуларды сатып алгандыгы үчүн  жоопкерчилигин күчөтүү боюнча рекомендациялардын пакети иштелип чыккандыгын белгилейбиз.

Өнөктүк өлкөнүн жети регионунда волонтерлордун катышуусунда шайлоочуларды сатып алууга каршы багытталган кеңири масштабдуу акцияларды, флэш мобдорду уюштуруу жана өткөрүү, калктын арасында КР мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр, добуш  берүү жол-жоболору, шайлоочулардын тизмесинен тактоо жана шайлоочуларды сатып алуу боюнча түшүндүрүү маалыматтары менен калк арасында маалыматтык-баяндуу материалдарды (буклеттерди, плакаттарды ж.б.) таратуу менен коштолот.

“Табарак” фондунун башчылыгына Анарбек ажы Жусупов дайындалды

Бүгүн, “Табарак” кайрымдуулук фондунун Кувейт жана Сауд Аравиядагы башкаруу кеңешинин макулдугу менен фонддун Кыргызстандагы директору болуп Анарбек ажы Жусупов дайындалды. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Анарбек ажы Жусупов буга чейин “Ас-Салам” фонду жана бир топ кайрымдуулук фонддордо эмгектенип, меценаттык бир топ иштерди жасаган жана анын демилгеси менен Кыргызстандын аймагында мечит куруу, таза суу чыгаруу жана жардамга муктаж үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлгөн.

Ал эми “Табарак” фонду буга чейин региондордо бир канча мечит-медреселерди, чакан бейтапканаларды куруп, суу чыгарып, көпүрө салып, жетим-жесирлерге жардам берип келген.

Эскерте кетсек, буга чейин фонддун Кыргызстандагы директорлук милдетин Абдулла Фалех Жабири аткалаган.  

Экс прокурор Мамакеев 12 жылга абакка кесилди

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту экс-прокурор К. Мамакеевге, У.Жумабековго жана М.Дононбаевге карата жазык ишин карады. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Аламүдүн районунун экс-прокурору Куванычбек Мамакеев “Опузалап пара талап кылуу” беренеси боюнча күнөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга эркиндигинен ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн шарттадагы абакта өтөөсү белгиленди.

Ал эми Аламүдүн районунун прокурорунун экс-орун басары Улукбек Жумабековго 5 млн сом, Аламүдүн районунун прокурорунун мурдагы жардамчысы Марат Дононбаевге 4 млн сом айып төлөө белгиленди.

Эскерте кетсек, тергөө органдары тарабынан Мамакеев, Жумабеков, жана Дононбаев Аламүдүн районун прокуратурасында иштеп жатышканда мыйзамсыз курулуштарга байланыштуу жарандардан 20 миң доллар пара талап кылган деп былтыр кармалган.

 

Индиянын борборунда Манастын айкели орнотулат

Быйылкы Тарых жана маданият жылынын алкагында «Диалог Евразия» коомдук фонду менен Кыргызстандын Индиядагы элчилигинин демилгеси менен Дели шаарында Манастын айкели орнотулганы жатат. Бул тууралуу «Диалог Евразия» коомдук фондунун президенти Улукбек Болушев билдирди.

Кыргыздын байыркы “Манасы” дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпос катары Гиннес китебине жана материалдык эмес маданий байлык катары ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилген.

Бишкекте индиялык чыгаан саясий ишмер Махатма Ганди атындагы, ал эми Делиде Манас атындагы көчөлөр бар.

Сабыр Муканбетов: “Шыкмаматов Текебаевдин этегине намаз окуп эле кызматтан-кызматка секирип жүрөт”

Кечее жакында депутат Алманбет Шыкмаматов “Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү демилгеси коомдук талкууга коюлганын билдирди. Анын айтымында, жаңы демилгелер негизинен Коомдук каналдын байкоочу кеңешине тиешелүү. Анда белгиленгендей байкоочу кеңеш – корпорациянын редакциялык жана кадр саясатына кийлигишпейт. Аны менен катар тышкы субъектилердин телеканалдын ишмердигине кийлигишүүсүнө жол бербеген, мекемени ар кандай таасир этүүчү факторлордон коргоого ала турган органга айланышы керек. Ошондой эле, долбоордо Коомдук каналдын бюджети, байкоочу кеңештин отчету жана жетекчилик кызматтарга дайындоо менен иштен бошотуу нормалары каралган. Талкууда КТРК жөнүндөгү мыйзам 2011-жылы кабыл алынганы, азыркы өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизген муктаждык – телеканалдын деңгээлин дагы жогорулатуу максатында пайда болгону белгиленди.

Бул тууралуу «КТРКнын байкоочу Кеңешинин мүчөсү Сабыр Муканбетовго кайрылсак, ал буларды айтып берди:

– «Байкоочу кеңеш – корпорациянын редакциялык жана кадр саясатына кийлигишпейт» дегенди киргизебиз» – деген сандырак сөз. «Так ошол, редакциялык саясатты көзөмөлгө алышсын, бир беткей каралоолорго жол бердирип, негизги каналдан карандай калпты айттырууну токтотушсун, бийлик башындагылардын эле заказын аткарып, бийликке сын айткандарды каралай берип, «кара жашик» атка конгонунан куткарышсын, жалпы улуттун, мамлекеттин кызыкчылыгын аткарган коомдук каналга айландырышсын», деп мыйзам кабыл алып, Байкоочу Кеңешти (БК) шайлашкан да.

Анан азыр Шыкмаматовдун тилине кирип, редакциялык саясатка аралашпасын деген өзгөртүү киргизсек кандай болот. Бул деген артка кеткендик. Анда Коомдук канал дегенди жоюп эле салган оң. Убара болбой. Баштагыдай эле бийлик, дайындап, буйуруп башкара берсин, анда. Кадр саясаты тууралуу. Мыйзамда «Башкы директорду дайындайт, кызматынан алат» деп так, даана көрсөтүлүп турса, кандайча кадр саясатына кийлигишпейт дейбиз. Аны өзгөртсөк да мыйзамдын мааниси, коомдук канал деген  маңызы бузулат да. Балким, депутат «Байкоочу Кеңеш башкы директордун ыйгарым укуктарына кийлигишип, «тигини дайында, муну бошот» деп жатат дегендей айтып жаткандыр. Ооба, БК антип башкы директордун ыйгарым укуктарына кийлигишип, кадр дайындоого аралашпашы керек. Бул жагынан мыйзам сакталууда.

БК тарабынан айрым кадрларды кызматтан четтетүү сунушу рекомендация иретинде гана берилген. Аны аткарбай койсо деле болот. Ал дагы узак убакытка созулган моралдык-нравалык атмосферанын бузулушун жөнгө салуу максатында берилген рекомендация. Андай жагдайды жөнгө салуу башкы директордун милдети, аны бизсиз эле өзү чечиш керек болчу. Тааныш издеп ары бери жүгүрүп, соц тармактардагы досторун тукуруп Байкоочу Кеңешти жамандатып, «ЛГБТны эфирге чыгарганым үчүн жазалап атышат»-деп калпты шыпыртып, элдин башын айландырып, туура эмес кылып жатат.

Биз аны КТРКнын редакциялык саясатын сактабай, бир жактуулукка жолбергени, контенттин начардыгы, жааматтагы моралдык нравалык абалга көңүл бөлбөй ырбатып, КТРКнын аброюна шек келтиргени үчүн сөгүш берип жатабыз. Эгерде Илим Карыпбеков туура жыйынтык чыгарып, ишти оң жолго сала албаса анда кызматынан кетирүүгө туура келет.

Ал эми, тиги Алмамбет Шыкмаматовду да жакшы билебиз. Юстиция министири болуп иштесе эле билими толук дегенди түшүндүрбөйт. Ал компетенциясы жетиштүүлүгү үчүн министр, депутат болуп атыптырбы? Ал оппозиция катарында болуп, бийлик үчүн күрөшкөнү үчүн алган компенсациясы. Болбосо сот департементинде кагаз ташып, ары-бери жүгүргөн, «старший куда пошлет» дегенден башка кызматта иштеген тажырыйбасы жок эле бир жан! Текебаевдин этегине намаз окуп эле кызматтан-кызматка секирип жүрөт.

Коомдук канал тууралуу мыйзам боюнча ой пикир билдирем деп атып, билими чийкилигин, өзүнүн тайкылыгын көрсөтүп алды. Бул жөн гана жийиркенич жарата турган регионализмдин бир эпизоду. «Жумгалдыкпыз, жердешпиз бири бирибизди колдойбуз» деген ураанды туу тутуп, демократиялык баалулуктарды тепсегенге, Коомдук канал идеясын алып чыккан партиясынын көз карашына деле «чычып ойнобогонго» даяр экени, ачыкталды. Бир жагынан, парламент трибунасынан НПОлордун таламын талашып, демократиялык баалулуктар үчүн бакылдай калып, анан кайра коомдук каналдын негизги принциптерине каршы сүйлөп жатышы, ал жөн гана эки беттүүлүктүн далили.

Меню