Бүгүн, 28-июнда Бишкек шаарындагы “Гранд” мейманканасында “Таза коом” элдик партиясынын демилгеси менен “Жаштар –коомду өзгөртүүдө зор күч”- деген темада Кереге кеңеш болуп өттү. Кеңешмеге улуттук –мекенчил багыттагы жаштар уюмдарынын жетекчилери, жигердүү жаштар, журналисттер катышты. Жыйындын соңунда Кыргызстандын элине, жаштарына жана мамлекеттик жогорку бийлик кызматындагы адамдарга КАЙРЫЛУУ кабыл алышты.
Урматтуу Мекендештер! Адамзат цивилизациясы менен катар Кыргызстан да, өнүгүүнүн өзгөчө баскычын башынан кечирүүдө. Доордун өзгөрүү багыты бүткүл дүйнө элдеринин ортосунда интеграцияны күчөтүүдө. Дүйнөлөшүү процесси жалпы адамзаттын тагдырын улутуна, мамлекетине карабастан кыйма-чийме жолдор аркылуу өтмө катар байланыштырып, жараткыч да, кыйраткыч да мүнөздө өжөр өктөмүн жүргүзүүдө.
Азаттыктын жылдарында батыштык баалуулуктарга негизделген ачык либералдык демократиялык коомду түптөө аракетин жасадык. Бирок да ал багыт түпбашаттан келе жаткан кыргыз элинин нарктуу жолуна альтернатива боло албады. Сырткы күчтөрдүн таасири аркасында салттуу жолубуздан тайдырууга болгон аракет улуттук деградацияга чейин жеткиргени менен жоокер мүнөз, сабырдуу кыргыз элинин эркин биротоло ээликтеп алууга чамасы жеткен жок. Анын ачык далили акыркы жылдары Кыргызстанда эки жолу революция болуп, элибиз өз жолуна кайтуу аракетин тайманбастан жүргүзүп келүүдө.
Мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдеп, дүйнөлүк коомчулукта өзүбүздүн татыктуу ордубузду ээлеп, улуттук жүзүбүздү, элдүүлүгүбүздү сактоо үчүн бүткүл аракетибизди бир нукка багыттоо менен өлкөдө жүрүп жаткан туташ саясий, экономикалык, руханий кризистен чыгууда колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү бир максатка – өнүгүүнүн Улуттук жолуна буруу заман талабына айланды.
Андыктан, тез аранын ичинде батышчыл үлгүдөгү Конституциябызды кыргыз элинин улуттук табиятына ылайык кайрадан иштеп чыгып, элдик талкуудан өткөрүп, жаңыдан кабыл алуу мезгилдин өктөм талабы деп эсептейбиз. Чачылган элди жыйнап, жумуш менен камсыздоо; экономиканы көтөрүү үчүн өндүрүшкө маани берүү; билим-тарбия тармагын дүйнөлүк алдыңкы тажырыйбаларды эске алуу менен этнопедагогиканын негизинде улуттук менталитетке төп келтирип иштеп чыгуу жана адам таануу, кыргыз таануу предметтерин окуу стандартына киргизүү; заманбап кадрларды даярдоо; жаштарды ар тараптан колдоо; илимий-техникалык ачылыштарды өндүрүшкө киргизүү; маданиятты өнүктүрүү; кыргыз тилинин мамлекеттик статусун бекемдөө; руханий баалуулуктарга, сергек жашоого басым жасоо иштери улуттук иделогиянын өзөктүү негиздерин түзүшү зарыл.
Бизде азыр түптүү, келечектүү маселелерге маани берилбей элди алагды кылып, ыркын бузган паспортту, машиналардын номерин алмаштыруу сыяктуу арты күмөндүү бизнес жыттанган иштер үстөмдүк кылууда. Кеп оролу келгенде айта кетели, Кыргызстандын жарандыгын аныктаган негизги документ болгон паспортто атуулдардын улуту так көрсөтүлүшүн талап кылабыз.
Мамлекеттик коопсуздук тутумдарына- так айтканда, чек ара, коргонуу, миграция, азык-түлүк, маалыматтык ж.б маселелерге жетишерлик маани берилбей жатат
Урматтуу жогорку мамлекеттик кызмат адамдары! Эл ишенип убактылуу берген ыйгарым-укуктарыңыздарды жеке кызыкчылыкка пайдаланбай, элдин кызыкчылыгы үчүн бекем туруу, ак кызмат өтөө сиздердин башкы милдет деп эсептейбиз! Элдин бийликке болгон ишениминин төмөндүгү- коомдо коррупция күчөп, мамлекеттин мүлкү тонолуп, жерлер сатылып, калыстыктын, адилеттиктин жоктугунан улам болууда.
Урматтуу жаштар! Мекен, Улут, Мамлекет деген бөлүнгүс үч ыйыктыкты туу тутуп, коомдо саясий туруктуулуктун, адилеттиктин орношуна салым кошолу. Кыргызстан ар тараптан өнүккөн, кубаттуу өлкөгө айланышы үчүн ынтымак жана жигердүүлүк менен иш алып баралы. Жаштар –коомду өзгөртүүчү зор күч! Биздин күчүбүз – терең билимге таянган улуу биримдикте!