Menu

Кадамжайда 10 объект ӨКМнын Авариялык калыбына келтирүү планына киргизилди

Кечээ, 9-июнда өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев Кадамжай районуна иш-сапары менен барып, кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Кадамжай районунун аймагындагы 27-28-май күндөрү болуп өткөн селден жабыркаган аймактарда калыбына келтирүү, жээктерди бекемдөө жана авариялык-калыбына келтирүү жумуштарынын жүрүшүн жеринен көрүп, кээ бир участоктордо тез арада КР ӨКМнын Авариялык калыбына келтирүү планына киргизүү чечими кабыл алынды.

Министрдин орун басары Кадамжай шаарына жана Кадамжай районунун Орозбеков айылындагы 10 объектерди карап чыгып, аларды КР ӨКМнын Авариялык калыбына келтирүү планына киргизүү боюнча чечимди жеринен кабыл алды. 10 объектинин ичинен 6 автоунаа өтүүчү көпүрөлөр жана 4 сайдын жээктерин бекемдөө каралып, объектилерди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги даярдап жаткан долборлоо сметалык документациясына киргизилип, ага жумшалчу акча каражаттары каралууда.

Обама Клинтондун талапкерлигин расмий түрдө колдоду

АКШ президенти Барак Обама шайлоо алдындагы күрөштө Хиллари Клинтондун талапкерлигин расмий түрдө колдоого алды.
Бейшембиде жарыяланган үгүт материалында Обама буга чейин мамлекет башчылыгына кесипкөйлүк жагынан мынчалык даяр болгон талапкер болбогондугун айткан.
Праймеризде Клинтон Демократиялык партиянын колдоосуна арзыган. Ал АКШ тарыхындагы президенттикке талапкер алгачкы аял болушу ыктымал.
Бирок анын башкы атаандашы, сенатор Берни Сандерс съездге чейин эле жарыштан чыгуудан баш тартты. Бул туурасында ал Барак Обама менен жеке сүйлөшүүдөн кийин билдирди. Обама республикачылар менен татыктуу теңтайлашуу үчүн демократтарды биргелешип аракеттенүүгө чакырууда. Республикачылардын ичинен азырынча миллиардер Дональд Трамп алдыда келе жатат.

Жогорку Кеңештин делегациясы Щвейцария парламентинин пленардык жыйынына катышты

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламенттик делегация Швейцария Федералдык Ассамблеясынын эки палатасынын пленардык жыйындарына катышты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Швейцариянын Улуттук Кеңешинин жыйынында төрагалык кылуучу Турсунбеков башында турган Кыргызстандын парламенттик делегациясы Швейцарияга расмий иш сапар менен келгендигин жарыялады. Швейцария парламентинин депутаттары кыргыз делегациясын кол чабуулар менен тосуп алышты.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин делегациясы Швейцариянын Улуттук Кеңешинин төрайымы Криста Марквальдердин чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын 6-9-июнь күндөрүндө Швейцария Конфедерациясында расмий иш сапары менен жүрөт. Ал эми Венгриянын Улуттук Жыйынынын төрагасы Ласло Кёвердин чакыруусу боюнча 9-11-июнь күндөрүндө Венргияга расмий иш сапары менен барат.

Сарыбагыш уруусунун кезектеги курултайына 450 делегат катышты - Чолпонбек Абыкеев, Сарыбагыш уруусунун көрүнүктүү өкүлү

Кыргыздар тээ алмустактан бери бир нечелеген уруулардан куралган улут экендиги тарыхый чындык. Коммунисттик доордо уруу маселеси дээрлик унутулуп, ал түгүл аны сөз кылыштын өзү кылмыш катары каралса демократиянын келиши менен өз уруусу анын түпкү тарыхы тууралуу изилдеп иликтемейлер көбөйдү.
Буга чейин Мундуз, Базыс, Моңолдор, Саяк, Солто сыяктуу бир нече уруулардын курултайлары болуп өткөнү маалым. Ал түгүл Мундуз уруусунун “ Бүткүл дүйнөдө жашаган Мундуз уруусунун өкүлдөрүнүн курултайы” деген ат менен кыргызстанда эле эмес бир нече чет өлкөдө жашаган Мундуз уруусунун өкүлдөрү катышкан курултай да болуп өткөн.
5 – июнда Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылындагы “Алтын-Көл” эс алуу жайында “ Уруу ынтымагынан улут ынтымагына өтчүү жол” деген темадагы ой бөлүшкөн талкуу менен Сарыбагыш уруусунун курултайы болуп өттү.
Курултайга республиканын бүткүл аймагында жашаган сарыбагыш уруусунун өкүлдөрү катышты. Келгендер жөн эле чакыруу менен келбестен жер жерлерден атайын шайланышып өздөрү жашаган аймактын делегаты катары келишти. Ошондой эле Оң, Сол, Ичкилик урууларынан чакырылган 50 гө чукул өкүлдөр да конок катары катышышты. Курултайга жалпысынан 450 дөн ашык делегат катышты.
Курултайда уруулар ортосундагы ынтымакты, биримдикти артыруу боюнча бир нече мазмындуу докладдар жасалды. Катышкандарга Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун жасаган доклады өзгөчө жакты. Депутат дүйнөдө, маселен Япония, Түштүк корея сыяктуу өнүккөн мамлекеттерде уруучулук маселеси кандай жолго коюлганынан баштап биздин кыргызстанда бүгүн жана келечекте кандай өнүгүшү керектигине чейин мазмындуу сөз сүйлөдү.
Ошондой эле Мундуз уруусунан конок катары чакырылган белгилүү коомдук ишмер Кадыр Кошалиев да бүгүн кыргызды Түндүк-Түштүк бөлуп бөлүнгөн саркынды оорудан сактап бир ширелген ынтымакка бириктирүүчү күч бар экенин. Ал уруулардын ички ынтымагын бекемдөө менен улут ынтымагына өтүү экендигин. Муну түшүнүү менен кабыл алып туура иш жүргүзүү керектигин чечмелеген кеңири сөз сүйлөдү.
Бир учурда экиге бөлүнгөн Сарыбагыштын эки уулу, бир атанын балдары Орозбакты менен Дөөлөсбактынын кайра биригиши тууралуу да сөз козголду.
Курултайдын жүрүшүндө башынан уюштуруучулар тарабынан коюлган талапка ылайык саясый кызыкчылыктар жөнүндө сөз козгоого жол берилбеди.
Курултайда “Сарыбагыш Тагай бий уулу” коомдук бирикмесинин башкаруу системасы түзүлүп, мындан ары Сарыбагыш уруусунун атынан расимий иш алпаруу “Сарыбагыш Тагай бий уулу” бирикмесине жана анын Ордо Кеңеши менен Аксакалдар Кеңешине тапшырылды.
Чолпонбек Абыкеев, Сарыбагыш уруусунун өкүлү

Теракт в Актобе – тревожный сигнал для Кыргызстана?

В ходе перестрелок в казахстанском городе Актобе погибло 17 человек. 5 июня неизвестные напали на два оружейных магазина и воинскую часть Нацгвардии. Эти события МВД Казахстана охарактеризовало как теракт.

Согласно официальной информации, в ходе перестрелок с вооруженной группой нападавших в воскресенье и в ходе спецоперации погибло 18 человек. Из них 11 боевиков, 6 – сотрудники силовых структур и местные жители. Ранения различной тяжести получили 38 человек. Об этом сообщил министр внутренних дел Казахстана Калмуханбет Касымов, подчеркнув, что это был террористический акт. По его словам, 5 июня было совершено нападение на первый оружейный магазин, были убиты продавец и охранник. Напавшие забрали из магазина 17 единиц огнестрельного оружия, разделились на две группы. Первая группа совершила нападение на второй оружейный магазин, вторая группа захватила маршрутный автобус, высадила водителя и пассажиров, после чего протаранила ворота воинской части Национальной гвардии. В ходе завязавшейся перестрелки погибли трое, ранены шестеро военнослужащих.

– Если говорить о внешних факторах, то ясно, что группа намеревалась захватить оружие. Мы, увидев их, сразу сказали, что это ИГ. В настоящее время проводятся следственные мероприятия. На дело была поднята целая группа, значит, за ними стоит определенный план. Поэтому мы продолжим допрос. В ближайшие дни будут точно выявлены личности и цели нападавших.

Никто не может гарантировать, что в Кыргызстане не возникнет аналогичная ситуация. Как сообщает МВД соседнего государства, к событиям имеет отношение “Исламское государство”. Эксперт Токтогул Какчекеев считает, что вышеотмеченное предположение имеет под собой основу. Как известно, лидер ИГИЛ сообщал, предприниматели прошедшие обучение участники войны по возвращении на родину будут исполнять его законы.

– Так говорил глава халифата, что после проведения обучения прибывших из разных мест мусульман они вернутся на свою родину для распространения идеологии ИГИЛ. Сейчас все стали возвращаться. На сегодняшний день это уже очевидно. Об этом говорил и наш президент.

По информации служб безопасности Кыргызстана, в военных действиях в Сирии принимают участие свыше 500 кыргызстанцев. Но до сих пор отсутствуют данные, какой процент этих людей вернулся обратно. Тем не менее необходимо усилить меры безопасности ради будущего страны, считает Какчекеев. На практике работающим по вопросу безопасности государства Министерству внутренних дел и спецслужбам не хватает сил бороться с ними. В Конституции имеется много барьеров в виде демократических принципов.

– На сегодняшний день безопасность страны обеспечивают Министерство внутренних дел и ГКНБ. Но у них не хватает силы полностью противостоять угрозе со стороны подобных групп, потому что наши законы написаны на особенно демократической основе. В  отношении них не должны высказываться излишне жесткие слова.

Напомним, события в Актобе произошли 5 июня. Всего погибло 17 человек, ранено 38 человек. Имена задержанных и убитых пока не названы. Так же остаются неизвестными мотивы нападения. Службы безопасности продолжают поиски 6-7 человек, участвовавших в нападении и успевших скрыться.

Источник: stanradar.com

Венесуэла: оппозиция требует провести референдум об импичменте президенту

Антиправительственные выступления в Венесуэле: тысячи манифестантов на улицах столицы Каракаса требуют провести референдум об импичменте президенту Николасу Мадуро. Они говорят, что доведены до отчаяния экономическим кризисом, а некоторые жалуются даже на недостаток продовольствия.

Власти идею рефрендума о досрочном прекращении полномочий президента отвергает. Оппозиция между тем говорит, что необходимая для этого заявка с двумя миллионами подписей уже передана для проверки в Национальный Избирательный Совет, а окончательное слово должен сказать народ.

“Выход из кризиса зависит не от власти и не от оппозиции. Выход из кризиса – в руках венесуэльского народа. Конституцией предусмотрена процедура электоральной консультации, то есть референдума об отзыве с должности. Это не может быть предметом никаких переговоров, потому что это конституционное право”, – говорит один из оппозиционных лидеров Хесус Торреальба.

В ходе акции критики правительства устроили символическое подписание плакатов в пользу референдума, с лозунгом “Моя подпись сыграет свою роль”.

На декабрьских всеобщих выборах партия президента Николаса Мадуро и ее сторонники потерпели поражение. Впервые за 17 лет оппозиция получила контроль над Национальной ассамблеей, а экономический кризис в стране приобрел политическое измерение из-за конфликта между исполнительной и законодательной ветвями власти.

Оппозиция считает Мадуро виновным в упадке экономики. Тот в свою очередь обвиняет политических соперников в том, что они ведут “экономическую войну” и готовят государственный переворот.

Источник: ru.euronews.com

 

Видео - Убили за нацию. Можно ли выжить азиату в России?

Не так давно Интернет обошли шокирующие кадры избиения в Московском метро группы трудовых мигрантов из Кыргызстана. Оказалось, что за ним стоят так называемые скинхеды, группы националистов, которые могут побить или даже убить «за нацию». Именно таким было объяснение одного из участников акта насилия над мигрантами. Участь трудовых мигрантов из Центральной Азии не завидна – у себя дома их, как правило, ждет нищета и полуголодное существование, в России они становятся жертвами агрессии , в лучшем случае их могут ограбить и избить, в худшем убить.

Почему убивают за нацию? Об этом в очередном выпуске программы «Наружное наблюдение» размышляют независимый журналист из Таджикистана Темур Варки, председатель Комитета «Гражданское содействие» Светлана Ганнушкина и представитель Ассоциации иностранных инвесторов Кыргызстана Искендер Шаршеев.

Источник: exclusive.kz

Сүйүн Өмүрзаков ИИМ министринин орун басары болуп дайындалды

Сүйүн Өмүрзаков ички иштер министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин басма-сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
Эске салсак, Сүйүн Өмүрзаков буга чейин Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгын жетектеп келген.

Өкмөт жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу боюнча кеңешме өткөрдү

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июнда, вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиевдин, финансы министри Адылбек Касымалиевдин, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун, транспорт жана коммуникациялар министри Замирбек Айдаровдун, айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоевдин жана Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевдин катышуусунда кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кеңешмеде үстүбүздөгү жылдын жаз айларында Жалал-Абад облусунун Аксы, Сузак райондорунда жана Баткен облусунун Кадамжай районунда орун алган жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу иштеринин жүрүшү каралды.

Финансы министри Адылбек Касымалиев маалымдагандай, жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу, калыбына келтирүү жана чыгашаны толуктоо максатында Финансы министрлиги Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине 700 млн сом которгон. Маалымтка ылайык, өлкө жарандарынан жана ишканаларынан финасылык жардам катары 60 млн сом түшкөн. Министрдин айтымында, өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу жана жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча алдыга коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн финансылык каражат жетиштүү.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов белгилегендей, жер көчкү жана селдердин кесепетин жоюу боюнча каражат жана күч жетиштүү.

Сел жүргөн Аксы районунда калыбына келтирүү иштери жыйынтыкталууда. Жер көчкүдөн жабыркаган Сузак районунун жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлгөн.

«Учурда Баткен облусунун Кадамжай районунда калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдөбүз, анда жаратылыш кырсыгынын натыйжасында инфраструктуралык объектилерге зыян келтирилген. Ички чарба көпүрөлөрүнүн 12син кайрадан куруп чыгуу керек», – деп маалымдады Кубатбек Боронов. Транспорт жана коммуникациялар министри Замирбек Айдаровдун айтымында, бүгүнкү күндө көпүрөлөрдүн долбоору иштелип чыккан, жер-жерде жол кызматынын атайы техникасы иш алып барууда.

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев маалымдагандай, ведомство тараптан райондордо жаратылыш кырсыгынан зыян тарткан обьектилердин такталган тизмеси түзүлгөн. Жакынкы арада биринчи кезектеги курулуштар башталат. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы жаңы мектептин орду жана долбоору даярдалган. Тийиштүү ведомстволордун экспертизасы аякталган соң мектептин курулушу башталат.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мындан ары карай дагы жергиликтүү бийлик органдары жана тургундар менен тыгыз байланышта иш алып барып, жабыркагандардын кайрылуусуна ыкчам жооп кайтарууну тапшырды. Өкмөт башчы кырсык кесепетерин жоюу жана жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча коюлган милдеттердин өз мөөнөтүндө аткарылышы зарылдыгын белгилеп, ар бир тийиштүү министрлик жана ведомстволордун мындан аркы иш-аракетин бекитти, алар жер-жерлердеги калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү тууралуу маалыматты үзгүлтүксүз түрдө маалымдап турууга тийиш.

Ошто июнь окуясында каза тапкандар эскерилди

Ушул жылдын 5-июнь күнү «Аалам» саясий париясынын лидерлери Арсланбек Малиев жана Жылдыз Жолдошова баштаган топ Ош шаарында «Энелердин көз жашы» эстелигинин алдында, июнь окуясында каза тапкан, шейит кеткен атуулдарыбызга арнап митинг реквием өткөрүшүп, шаардагы ресторандардын биринде куран окутушту. Белгилүү коомдук ишмер, Акматбек Келдибеков да бул иш чарага катышты.  Бул тууралуу Кyrgyztodayге Ж.Жолдошова билдирди.

“Митингде жабыр тарткандар чечилбеген көйгөйлөрүн айтышты. Көрсө берилген үйлөр, бүгүнкү күнгө дейре менчиктештирилген эмес, кээ бир үйлөргө газ тартылбаптыр, азыркыга чейин денесине ок жаңылган жарандарга батирлер берилбей, алар акыйкатты таппай келгендери өкүндүрөт. Ошондой эле, июнь окуясында катуу жабыр тарткандар ден-соолугунан ажыраганы ырас, бирок аларга Өкмөт тарабынан алгылыктуу көмөк көрсөтүү жагы өксүп атканын айта кетишти. Жетим, же атасынан, энесинен ажыраган балдардын келечегине ким көңүл бурат деген суроолор коюлду. Бир сөз менен айтканда көйгөйлөр чечилбей топтолуп калган, Өкмөт жабыр тарткандардын маселелерине көңүл буруп, чекесинен чечип берүүсү керек деп эсептейбиз.”, – дейт Жолдошова.

Жыйынга чогулгандар Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жасап, анда 10-июнду «Мамлекеттин бүтүндүгү сакталып калган күн» деп мыйзам кабыл алып беришин билдиришти.

“РАЖ” Майлуу-Суунун мэрин ээлеп, Кеминдин шайлоосун жараксыз кылды

Региондордо СДПКга караганда «Рес­публика – Ата Журттун» таасири катуулап баратканы байкалды. Бул жагынан соңку эки орчундуу мисалга токтолсок, жергиликтүү шайлоолордо уткан партиялардын дымагы көрүнөт…
Маселен, Майлуу-Суу шаарына мэр «РАЖ-дан» шайланып, башкалардын баары четке сүрүлүп калды. Көрсө, бул аймактан бийликтин оппоненти катары түрмөгө отуруп чыккан Талант Мамытовдун таасири күчтүү экен. Жергиликтүү шайлоолордон дагы электоратын ээрчите алганы үчүн көп добушка ээ болгонун билебиз. Образдуу элестеткенде, Өмүрбек Бабанов «полевой командирлерди» тымызын түрдө күчтөндүрүп атабы? Бул жагынан бийликке акырындык менен болсо дагы сес көрсөтүүдө.
Ошондой эле Кемин шаардык кеңешин алсак, эки ирет коалиция түзүү аракети көрүлгөнү менен жыйынтыгы жок болуп, депутат тар тарап кетүүгө аргасыз болушту. Мындай оюнга «РАЖ» фракциясынан депутат АкылбекЖамангуловдун салымы чоң экени, жеке басар бийлигин жайылтууга киришкени билинди. Эми кайрадан Кеминде шайлоо болсо, ал башка партияларга шанс бербейби?
Ал эми Токмок шаарында дагы БӨТтүн партиясы негизги ролду ойноо үчүн ар кандай интригаларды жаратканы чынбы? Токмокто да көпчүлүк коалицияга чогулушкан жок.
Кызык, бийликтин жогорку тепкичтеринде СДПКнын лөктөрү отурганы менен региондорду «Республика – Ата Журттун» адамдары ээлей баштаганы эмнени билдирет? Тамырын бекемдесе, үстү жагын күбүп таштоо оңой эмеспи. Анан калса, президенттик шайлоого чейин эле булар баш берчүдөй эмес. Негизи башка фракция лидерлери эч нерседен этибар албай, спикерлик креслого ат салышып жүрүшсө, а Бабанов болсо, региондорду колго ала баштаганы, кулачын кенен жайылтуу менен өз саясатын чыңдап атканы байкалды…
Булак: “Азия news

УКМК Чубак ажыга эскертүү берди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мурдагы муфтий, Кыргызстандын аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловго расмий эскертүү берди. Бул тууралуу аталган комитеттин маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин Чубак ажы УКМКга суракка чакырылганын өзү ММКларда билдирген эле.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов демилгелеген жума намазга байланыштуу түштөнүүнү узартуу боюнча мыйзам долбоорун көпчүлүк эл өкүлдөрү колдобой койгону эл арасында кызуу талкууну жараткан. Бул боюнча айтылуу дин аалымы Чубак ажы Жалилов да пикирин билдирип, мыйзам долобоорун колдобой койгон депутаттарга нааразычылык билдирген. Ал эми бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алфия Самигуллина өкмөттөн, тишелүү укук коргоо органдарынан Чубак ажынын парламент депутаттары тууралуу билдирүүсүн иликтеп чыгып, баа беришин талап кылган эле.

Ак үйдүн алдына акцияга чыккан укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровду милиция "азыр сакалчан имамды чакырып талакалатабыз" деп коркуткан

Бүгүн, 9-июнда Ак үй алдына нааразычылык акциясына чыккан белгилүү укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыровду Бишкек шаардык милициясы сакалчан имамдар менен коркутушкан. Бул тууралу бизге укук коргоочу өзү билдирди.
“Бүгүн саат бирлерде Ак үй алдына “Дин менен мамлекеттик ишти аралаштырбагыла!” деген плакат жазып алып нааразычылык акциясына чыккан элем. Тез эле милициялар жетип келишти. Бири участковый экен, экинчиси Бишкек шаардык милициясынын кызматкери Бактыбек Жапаркары уулу деген болуп чыкты. Ал плакатымды окуп “азыр жакшылыкча тез кетип калбасаң, сакалчан имамдарды чакырып талкалатам!” деп коркута баштады. Ага да көнбөй тура берсем бир жактарга телефон чала баштады. Анан бир сакалчан бала келип плакаттарымды окуп тийишип кирди. Участковый да “10-июнга чейин акцияга чыгууга болбойт, азыр милицияга алып кетебиз” деп жулкулап, мени тургузбай кетирип жиберишти. Бул Атамбаевдик бийлик адамдардын эң эле элементардык укугу – сөз эркиндигин да минтип муунта башташты. Ал аз келгенсип эми милиция бизди “сакалчан имамдар” менен коркута баштаганы бул эмне деген нааданчылык? Биз кандай бийликке туш келдик. “Каралар” менен кызматташканы аз келгенсип эми “сакалчандар” менен да кызматташа башташтыбы?” – деди укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров.
Булак:Кyrgyztoday.kg

Казакстанда набыт болгондорго аза күтүү күнү жарыяланды

Казакстанда 9-июнь – Актөбө окуясынын курмандыктарын эскерүү күнү деп жарыяланды. Бүгүн өлкөдө мамлекеттик желектер ылдый түшүрүлүп, радио-теледен көңүл ачуучу программалар менен жарнамалар алынып салынат. Көпчүлүк оюн-зоок иш-чаралары өткөрүлбөйт.

5-июнда Актөбөдө куралдуу кол салуу болуп, төрт жергиликтүү тургун каза тапкан. Аскерий бөлүккө кол салуудан Улуттук гвардиянын үч жоокери набыт кеткен. Жергиликтүү тургундардын, жоокерлердин жана тартип сакчылардын бир нечеси жараат алышкан.

Буга чейин өлкөдө улуттук аза күтүү күнү 2013-жылдын 31-январында Алматыга жакын жерде болгон авиакырсыкка абйланыштуу жарыяланган болчу. Анда учактын кырсыкташынан беш экипаж мүчөсү жана 16 жүргүнчү каза тапкан эле.

Пакистандык аял өз кызын тирүүлөй өрттөп жиберди

Пакистанда өз кызын тирүүлөй өрттөп жиберген Парвин Рафик кармалды. Ал кызы үй-бүлөсүнөн уруксат сурабастан сүйүктүүсүнө турмушка чыгып алгандыктан, ушундай кадамга барган.

Полициянын маалыматына караганда, окуя 8-июнда Лахор шаарында катталган. Кылмышкер эне ошол эле күнү кармалган.

Парвин Рафик 18 жаштагы кызы Зинатка бензин чачып өрттөп жибергендигин мойнуна алды.

Пакистанда аялдарга карата зомбулук кеңири таралган. Жылына өлкөдө “үй-бүлө намысы үчүн” дээрлик миңге чукул аял өлүмгө дуушар болот.

Былтыр Пакистанда 19 жашар Мария Бибини кыйноого алып, андан соң бензин куюп, өрттөп жиберишкен. Анткени ал өзүнөн эки эсе улуу адамга турмушка чыгуудан баш тарткан.

Тазабек Икрамов, депутат: “Чубак ажыдан кечирим сурайм”

Жума намазга байланыштуу түштөнүүнү бир саатка узартуу боюнча мыйзам долбоору – бул учурдун талабы. Мындай пикирин депутат Тазабек Икрамов “Парламент” радиосунда билдирди.

“Биз сунуштаган мыйзам долбоору бүгүн болбосо да эртең баары бир кабыл алынат. Анткени өлкө калкынын 85%дан ашыгын мусулмандар түзөт. Бул мыйзам коомчулукта катуу талкуу жаратты. Ар ким өз оюн айтып жатат. Биз бардык жарандардын көз карашын сыйлайбыз. Мыйзамды даярдап жатканда дин аалымы Чубак ажы Жалилов менен дагы кеңешип, бул боюнча ал кишинин оюн угуп, жалпы мусулмандар үчүн жума намазга барууга мыйзамдын чегинде шарт түзүп берели дегенбиз. Бирок, бул коомчулукта, парламентте бир топ ызы-чууну жаратты. Мен бул үчүн Чубак ажыдан кечирим сурайм. Балким мен бул мыйзамды кесиптештериме жеткиликтүү түшүндүрүп бере албагандырмын”, – деди Икрамов.

Экстремизм жана терроризмди пропаганда кылгандарга жаза күчөтүлөт

Жогорку Кеңеш Террорчулукка жана экстремизмге каршы күрөш жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул туурасында парламентин расмий сайтында жарыяланды.

Демилгечилердин бири, депутат Улан Примовдун айтымында, документ эл аралык терроризм жана экстремизм чөйрөсүндөгү кылмыштар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү максатында иштелип чыккан.

Анда террорчулук же экстремисттик уюмдарга үгүттөп, аларды ачык колдогондорду административдик жоопкерчиликке тартуу сунушу камтылган. Ошондой эле куралдуу кагылышуулар болуп жаткан аймактарга жашы жете электерди алып баргандар, террорчулукту жаап-жашыргандар, мамлекеттик же коомдук ишмерлердин өмүрүнө кол салгандарды катаал жоопко тартуу демилгеси көтөрүлгөн. Мындан тышкары террорчулук жана экстремизм чөйрөсүндөгү кылмышкерлерге мунапыс, жеңилдетилген жаза бербөө да сунушталууда.

Расмий маалымат боюнча ушул тушта Сирияда ар кайсы террордук топтордун катарында жүргөн кыргызстандыктардын саны 500дөн ашып кетти, алардын ичинен 122си аялдар. Согуш талааларында 40тай жаран көз жумду.

Атуулдарды азгырыктан сактоо максатында атайын кызматтар эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Чубак ажы Жалилов УКМКга суракка чакырылды

Белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалилов бүгүн УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга Чубак ажы өзү билдирди.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов демилгелеген жума намазга байланыштуу түштөнүүнү узартуу боюнча мыйзам долбоорун көпчүлүк эл өкүлдөрү колдобой койгону эл арасында кызуу талкууну жараткан. Бул боюнча айтылуу дин аалымы Чубак ажы Жалилов да пикирин билдирип, мыйзам долобоорун колдобой койгон депутаттарга нааразычылык билдирген. Ал эми бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алфия Самигуллина өкмөттөн, тишелүү укук коргоо органдарынан Чубак ажынын парламент депутаттары тууралуу билдирүүсүн иликтеп чыгып, баа беришин талап кылган эле.

 

Мария Шарапова эки жылга спорттук мелдештерден четтетилди

Орусиялык белгилүү спортчу Мария Шарапова Эл аралык теннис федерациясын (ITF) сотко берет. Уюм аны допингге каршы талаптарды аткарбагандыгы үчүн эки жылга спорттук мелдештерден четтеткен.

Шарапова Спорт боюнча арбитраждык сотко кайрыларын Фейсбук баракчасына жазды.

Шарапова эми допинг чырына байланыштуу Рио-де-Жанейродо өтө турган Олимп оюндарына катыша албайт. Мындан тышкары рейтинг баллдарынан жана сый акчаларынан айрылат.

Таанымал спортчу допинг-тесттен өтпөй калгандыгын өзү быйыл мартта моюнга алган болчу. Бирок ал Допингге каршы агенттик быйыл 1-январдан тарта мельдоний затын колдонууга тыюу салганынан кабары болбогонун да белгилеген.

Бабанов сөз эркиндигине “айбалтасын” көтөрдү

Парламенттен Өмүрбек Бабанов ай­рым маалымат каражаттарына кайрылып, депутаттардын беделине шек келтирип атканын, керек болсо, андай журналисттер кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керектигин жашырбады. Албетте, «Кой аксагы менен миң» дегендей, коомчулук астында айрым кесиптештерибиздин аша чаап кеткен жагдайларын деле билебиз. Бирок, дароо эле кылмыш жоопкерчилигин көтөрүп чыгып, адам укугуна шек келтирүү жагынан «айбалтасын» ала чуркоо эмнени билдирет? Башкасын айтпасак да, бир жылдан кийин өтө турган президенттик шайлоодо Ө.Токтогулович калемдештер журтчулугун коркутуп-үркүтүп, өзүнө карата жагымсыз «архивдик материалдарды» жаздырбоо амалын алдыртан көрө баштадыбы? Кызык, БЭТ тескери кетпей, андан көрө сөз эркиндигин, адам укуктарынын сакталышы боюнча көйгөйлөрдү Жогорку Кеңештен көтөрсө, элге жакын болсо, демократиялык багытыбызды бекемдөөгө салымын аябаса, журналисттер колдоп эле чыкмак да, туурабы?..

Булак: “Азия news

Бакыт Төрөбаев айыл өкмөттөр менен мэрлерге кысым болуп жатканын билдирди

Бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңеш жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев жер-жерлердеги айыл аймагынын башчылары жана бир катар шаар мэрлеринин укуктарын коргоо боюнча маселе көтөрүп чыкты.

Бир катар шаар мэрлери жана айыл аймагынын башчылары менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн угуп келгенин айткан депутат ар кандай текшерүүлөрдөн улам айыл аймак башчылары жана шаар мэрлери өз милдеттерин аткара албай жатканын ортого салды. Жогорку Кеңеш депутаттарына кайрылган эл өкүлү алардын укуктарын коргоо зарылдыгын белгиледи. Ар кандай иш козгоп же иштен бошотуу боюнча Жалал-Абад облусунун Кара-Көл, Ош облусунун Өзгөн шаарларынын мэрлерин мисалга тартты. “Алар менин, партиялаштарым же жердештерим эмес” деген Төрөбаев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн дагы мындай жетекчилердин жасагаништерин элге кеңири жайылтууга чакырды.

Савченко: "Өтө ырайымсыз согуш башталышы мүмкүн"

Украинанын Жогорку Радасынын депутаты Надежда Савченко Донбасста “өтө ырайымсыз согуш” башталышы ыктымал экендигин билдирди.

Савченко Донбасстан келгенден кийин басма сөз жыйынын өткөрүп, жикчилдер көзөмөл кылган аймактарда “жетишээрлик күчтүү” орусиялык аскерлер бар экендигин айтты. Анын пикиринде, бул Орусиянын Украинага каршы агрессиясы.

Савченконун баамында, украиналык туткундарды бошотуу үчүн үч аянтча бар. Биринчиси – мамлекет башчыларынын, экинчиси – мыйзам чыгаруучу органдардын деңгээлинде. Үчүнчүсү болсо – жоокерлердин ортосундагы аянтча. “Мен президенттик деңгээлде иш алып бара албайм. Бирок депутат катары берки эки аянтчада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даярмын”, – деп билдирди ал.

Надежда Савченко Донбасска 6-июнда барган. Орусияда тыюу салынган “Оңчул сектордун” мурунку башчысы, элдик депутат Дмитрий Ярош менен биргеликте ал Авдеевка менен Широкинодогу украиналык жоокерлерге жолугуп кайткан.

Депутат Чубак ажынын билдирүүсүн тишелүү органдар иликтеп, баа беришин талап кылды

Жогорку Кеӊештин тармактык комитетинде каралган жарандардын жума намазга катышуусу үчүн түштөнүүнү бир саатка узартуу тууралуу мыйзам долбооруна каршы добуш берген депутаттарга карата айткан Чубак ажы Жалиловдун билдирүүсү көпчүлүктү таӊ калтырды. Мындай нерсе акыры жакшылыкка алпарбайт. Мыйзам талаптарына ылайык, дин өкүлдөрүнүн мамлекеттин ишине кийлигишүүгө акысы жок, биз ага жол бербешибиз керек. Мындай пикирин депутат Алфия Самигуллина Жогорку Кеӊештин бүгүнкү жыйынында билдирди.
«Мен өзүм дагы мусулманмын. Бирок, биз – кыргыз жарандары ар бир орчундуу маселеге келгенде, жалпы мамлекеттин кызыкчылыгын ойлошубуз керек. Негизи, жумушчу күндү узартуу-кыскартуу маселелерин өкмөт өзү жөнгө салат. Ал мыйзам долбооруна карата каршы корутундусун берген. Бир катар депутаттар аны колдодук. Биз ислам динге каршы эмес, социалдык маселе жаатындагы сунушка каршы добуш бердик. Анткени, мындай шартка өлкөбүз азырынча даяр эмес. Андай чаралар көптөгөн кыйынчылыктарды жаратары бышык», – деп кошумчалады ал.
Ал өкмөттөн, тишелүү укук коргоо органдарынан Чубак ажынын парламент депутаттарына каршы жасаган билдирүүсүн иликтеп чыгып, баа беришин талап кылды.

Бүгүн Жогорку Кеңеш жума намазы үчүн түштөнүү убактысын узартуу боюнча мыйзамды карайт

Бүгүн, 9-июнда жума намазы үчүн түштөнүү убактысын бир саатка узартуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин күн тартибине киргизилди. Мыйзам долбоору каралганга чейин эле дупутаттар дин ишмерлерине бир катар сын пикирлерди жаадырып ийишти.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов демилгелеген жума намаз үчүн түштөнүүнү узартуу боюнча мыйзам долбоорун көпчүлүк эл өкүлдөрү колдобой койгону коомчулукта кызуу талкууну жараткан.

Мээрбек Мискенбаев, CДПКчы депутат: "«Кыргыз көмүр» ишканасынын директору Мирлан Жакыповдун орду түрмөдө"

Жогорку Кеңештин депутаты Мээрбек Мискенбаев «Кыргыз көмүр» ишканасынын директору Мирлан Жакыпов 35 миллион сомду жымырып алып, эч нерсе болбой иштеп жатканын айтып күйүп-бышты. Жакыповго мамлекетке ири суммада зыян келтиргени үчүн кылмыш иши козголуп, бирок аягына чыккан эмес.
Мындан улам, коррупциялык ишке аралашкан деген Мирлан мырзага финансылык документтерге кол коюп, кадимкидей иш жүргүзүп жатканын Мискенбаев белгиледи. Депутат өз сөзүндө тоок уурдагандар кесилип жатканда, бир райондун бюджети саналган 35 миллион сомду сиңирип кеткен Жакыповдун орду түрмөдө болуш керек дейт.
Бюджеттин жыртыгын жамаганга акча таппай жатканда аны ого бетер келемиштей кемирген «Кыргыз көмүрдүн» жетекчисине тиешелүү чара көрүлүшү керек.
Булак: “Фабула”

Тажикстандын тунгуч президенти каза болду

Бүгүн Тажикстанда өлкөнүн тунгуч президенти Каххор Махкамов менен коштошуу зыйнаты өтөт. Ал кечээ 84 жаш курагында дүйнө салган. Махкамовдун жакындарына азыркы президент Эмомали Рахмон көңүл айтты.

Тажикстан Коммунисттер партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы жана республиканын Жогорку Кеңешинин төрагасы болгон Каххор Махкамов президенттикке 1990-жылдардын соңунда шайланган. 1991-жылдын августунда СССРди күчтөп төнкөрүү аракетинен кийин ал митингге чыккандарын басымы менен отставкага кеткен.

Каххор Махкамов мындан соң саясаттан оолактап, ММКларга маек берүүдөн карманчу. 1999-жылы мурдагы президент катары Тажикстан парламентинин жогорку палатасынын түбөлүк мүчөсү макамына ээ болгон.

Видео - Назарбаев: "Актөбөдө кол салгандарга сырттан көрсөтмө берилген"

Актөбө окуяларынан үч күндөн кийинки билдирүүсүндө казак президенти бул шаардагы кол салууларды радикал жана жалган диний агымдардын жактоочулары жасаган теракт деп баалады. Кылмышкерлер көрсөтмөнү четтен алганын кошумчалады, бирок конкреттүү бир өлкөнү атаган жок.

Кылмышкерлердин баары мыйзамга ылайык катаал жазасын ала турганын эскертти.
Мунун алдында Назарбаев Ак ордодо өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Владимир Жумаканов менен жолугушуп, төмөнкүлөрдү айткан эле:
– Баарын кармоо керек. Куралдуу каршылык көрсөтүшсө жок кылынсын. Баары жазаланышы керек. Бирөө да кармалбай калбасын!
Ак
Назарбаев 8-июндагы билдирүүсүндө “колуна курал алып, киши өлтүргөндөргө каршы өлүм жазасы колдонулуусу” керектигин да кошумчалады.
Казакстанда 2003-жылдан тарта өлүм жазасын колдонууга мораторий киргизилген.
Актөбө шаарында 5-июндагы кол салуу жана андан кийинки атайын операция учурунда 20дай адамдын өмүрү кыйылды. Алардын 13ү кол салгандар. Казакстандын Ички иштер министрлиги бул окуяларга байланыштуу ондон ашуун кишиге издөө жарыялады. Булардын кеминде алтоо-жетөө Актөбөдөгү кол салууга тикелей тиешеси бардыгы айтылууда.

Билим берүү кызматы улуттук валюта менен төлөнөт

Кечээ, 8-июнда Жогорку Кеңеш жыйынында депутаттар Дастан Бекешев менен Жанар Акаев тарабынан демилгеленген “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорунун концепциясы каралды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Демилгечи депутаттардын бири Дастан Бекешевдин айтымында, мыйзам долбоорунун концепциясы билим берүү уюмдарында эсептешүүнү улуттук валюта менен жүргүзүүгө өтүүгө, жарандардын финансылык абалын жеңилдетүүгө, педагогикалык ишти леберизациялоого багытталган. Башкача айтканда, сунушталган түзөтүүгө ылайык, Кыргызстандын аймагында кыргыз жарандары үчүн мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик билим берүү уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөө негизинде билим берүү кызматы улуттук валюта менен гана төлөнөөрү белгиленген. Билим берүү мекемелеринин билим берүү кызматы үчүн чет элдик валюта менен төлөө жөнүндө талабы мыйзамсыз болуп саналат жана мыйзам тарабынан каралган жоопкерчилик алып келиши мүмкүн.

Ошондой эле мыйзам долбоору менен педагогикалык билими жана педагогикалык  квалификациясы жок педагогикалык ишти жүзөгө ашыруунун тизмесин кеңейтүүчү нормалар  киргизилген.

Талкууда билим берүү кызматы улуттук валюта менен төлөө боюнча сунушталган түзөтүүнү колдоого алышты. Ал эми педагогикалык билими жана педагогикалык  квалификациясы жок педагогикалык ишти жүзөгө ашыруу боюнча бир катар тактоочу жагдайлар көтөрүлдү.

Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жолдонду.

Кыргызским бизнесменам разъяснят, как экспортировать товар на рынки Евросоюза

Эксперты Евросоюза прибыли в Кыргызстан для разъяснения бизнес-сообществу обязательств и преимуществ, которые дает статус ВСП+ (Всеобщая система преференций). Об этом сообщили в представительстве ЕС в КР.

По его данным, на информационной встрече 9 июня бизнесмены смогут получить ответы на свои вопросы, связанные с экспортом продукции на рынок ЕС непосредственно от представителей Европейской комиссии. Главные докладчики – заместитель руководителя отдела генерального директората Еврокомиссии по торговле Николаос Заимис, советник по вопросам политики Даниэль Крамер, советник Европейской службы внешней связи Гус Хоуттуин.

Напомним, что в январе 2016 года Евросоюз наделил Кыргызстан статусом «ВСП+», позволяющим беспошлинно поставлять более 6 тысяч видов товаров и продукции на европейские рынки.

К примеру, беспошлинный доступ включает сельскохозяйственные продукты – фрукты, в том числе в виде консервов и соков, сухофрукты и орехи (грецкий орех, миндаль, фисташки), бобовые (фасоль, горох), табак, текстильные, войлочные изделия, одежда, ковры и т. д.

Денег нет

“Недавно Дмитрий Медведев опять оказался в самом центре внимания – правда, в не очень выгодном для себя свете”, – пишет обозреватель немецкой газеты Frankfurter Allgemene Фридрих Шмидт о визите российского премьера в Крым, который Россия “вот уже два года причисляет к своей территории”. Так, в Феодосии Медведев наткнулся в толпе на разъяренную пенсионерку. В опубликованном видео на Youtube можно увидеть, как женщина жалуется премьеру на то, что ее пенсии размером в 8 тыс. рублей не хватает на фоне “бешеных цен”, и затем спрашивает о повышении пенсии. Сначала Медведев говорит, что это “отдельная тема”, правительство не может поднять пенсии “только в одном месте”, и индексации по стране “не было нигде”, потому что “просто денег нет”. По словам Медведева, как только власти “найдут деньги, будет и индексация”. Затем премьер пожелал оставшимся “держаться здесь” и развернулся.

Российские интернет-пользователи отреагировали на это “выступление” путинского наместника президентского поста в 2008-2012 годах более-менее весело. Оппозиционер Алексей Навальный, к примеру, выложил в сеть фиктивный плакат правящей “Единой России”, возглавляемой Медведевым. На плакате изображен Медведев, призывающий перед сентябрьскими выборами в Госдуму: “Денег нет! Но вы держитесь!” В свою очередь, правительство Севастополя расценило вопрос пенсионерки об индексации пенсий в качестве “целенаправленной провокации”. “Но именно с помощью этой формулы власти в России, как правило, сваливают ответственность за любые проблемы на врагов как внутри, так и за пределами страны”, – комментирует автор.

Такой же провокацией, по мнению Кремля, являются публикации об офшорных счетах представителей российской властной элиты. Путин, как отмечает издание, лично заявил в апреле, что “Панамское досье” – это информационный продукт, который служит интересам американских властей и призван дестабилизировать ситуацию в России”. “Между тем недавние публикации о счетах, приписываемых петербургскому виолончелисту и другу Путина Сергею Ролдугину, вполне объясняют, почему в стране нет денег на индексацию пенсий”, – продолжает Шмидт. Так, “Новая газета”, основываясь на информации адвокатской конторы Mossack Fonseca, описала, как зарегистрированная на Британских Виргинских островах компания Sandalwood Continental в июне 2010 года по выгодной цене приобрела акции банка “Россия”. В качестве продавца тогда фигурировал деловой партнер соратника Путина Геннадия Тимченко. Но уже спустя всего два дня Sandalwood продала те же акции некой кипрской компании с неясными собственниками за цену уже в 32 раза больше, благодаря чему получила прибыль в 13,6 млн долларов. Формально Sandalwood, по данным газеты, принадлежала на Ролдугину, а петербургскому бизнесмену, который в других структурах значился представителем Ролдугина.

Более того, этот офшор уже ранее заставлял говорить о себе как о выгодоприобретателе ничем не подкрепленного кредита на 650 млн долларов от кипрской дочки российского госбанка “ВТБ”. Как следует из новых публикаций, в зависимости от покупателя для акций банка “России” действовали разные условия и цены. После сделки Sandalwood полугосударственный “Газпром”, например, заплатил за акции банка в 170 раз больше, а спустя три года продал их с потерей минимум 5 млрд рублей, что в то время составило более 150 млн долларов. С намеком на случай Медведева в Крыму “Новая газета” подчеркнула, что этой суммы вполне хватило бы на годовую индексацию пенсий для всех пенсионеров в Крыму.

Между тем пока о расследовании по поводу “Панамского досье”, а именно – уклонения от уплаты налогов или растрат, ничего не известно. Наоборот, Ролдугина неоднократно представили по ТВ как мецената и филантропа, а в начале мая он принимал участие в показанном по телевидению концерте оркестра петербургского Мариинского театра в древних развалинах сирийской Пальмиры. В других контекстах о Ролдугине не сообщают. Как бы то ни было, но в Пальмиру, как сообщили журналисты со связями в российском Минобороны, виолончелиста доставили отдельно от остальных музыкантов и журналистов, добавляет Frankfurter Allgemeine.

Источник: inopressa.ru

Мэр Джалал-Абада назвал правозащитницу «врагом города»

Джалал-Абадский мэр Салайдин Авазов обвинил сотрудницу международного центра «Интербилим» Гулгаакы Мамасалиеву в «саботаже». Он назвал её врагом города за то, что она выступала против сноса жилых домов в городе.

Видеозапись, где мэр Джалал-Абада Салайдин Авазов обвиняет сотрудницу международного центра «Интербилим» появилась в социальных сетях 3 июня.

Авазов назвал правозащитницу и бывшего кандидата на пост омбудсмена Гулгаакы Мамасалиеву врагом города и попросил «убраться из города».

«Мы, горожане недовольны такими НПО, как вашe. Вы — враги, которые препятствуют развитию и становлению города. Давайте, занимайтесь своими делами. Вы — враги города, вы — предатели», — сказал он.

Правозащитница Гулгаакы Мамасалиева сказала в интервью Kloop.kg, что сотрудники «Интербилима» находятся в Джалал-Абаде, чтобы разобраться с ситуацией с незаконным сносом жилых домов.

По её словам, власти сносят дома в Джалал-Абаде, чтобы расширить улицу Ленина, а недовольные местные жители просят поддержки неправительственных организаций.

«Мы рассказывали жителям об их правах. И это не уровень мэра — “наезжать” на людей, не разобравшись в ситуации. Это говорит о том, что он некомпетентен, чувствует себя ханом и никого не берет в счёт. Если он так разговаривает с жителями, как он будет решать проблемы города? Разве можно использовать свою власть?» — сказала она.

Снос домов

Сотрудники муниципальных служб начали сносить жилые дома на улице Ленина в Джалал-Абаде 3 июня. Издание «Азаттык» сообщило, что действия местных властей вызвали недовольство жителей.

Мэр города Салайдин Авазов заявил в интервью «Азаттык», что муниципалитет действует в рамках закона. По его словам, решение о сносе было принято ранее, и жители не возражали.

«До начала работ мы все согласовали с учетом законодательства. Встречались с жителями и договорились о выплате компенсаций, размер которых просчитали независимые эксперты. Проводили работы с аксакалами города. Никто не возмущался», — сказал он.

Источник: kloop.kg

Данияр Айтман, блогер: "Саудовский путь для Кыргызстана"

Продлить обеденный перерыв в пятницу на один час для совершения пятничного намаза? Это логично. В конце концов, у нас мусульманская страна.
Почему бы вообще не сделать пятницу выходным днем? Пятница – главный день мусульман, как суббота у иудеев и воскресенье у христиан. Мы сейчас отдыхаем по иудео-христианскому графику, что согласитесь как-то нелогично. Ведь у нас мусульманская страна. Давайте сделаем пятницу выходным днем, а воскресенье рабочим.
Как в Саудовской Аравии.
Но ведь мусульмане должны молиться не только в пятницу, а семь дней в неделю, пять раз в день. Значит, и время для намаза нужно выделять пять раз в день, семь дней в неделю. Причем не только госслужащим, а всем мусульманам страны.
Давайте законодательно установим ежедневные 15-минутные перерывы для каждого намаза. Разумеется, во время этих перерывов никто не будет работать. Не будут работать ни государственные учреждения, ни частные. Ни рестораны, ни школы, ни больницы. Все будут молиться, потому что у нас мусульманская страна.
Как в Саудовской Аравии.
А когда все мусульмане нашей страны получат наконец возможность усердно молиться, возможно они поймут, что жили до сих пор неправильно, не по Корану.
Мужчины перестанут пить (алкоголь будет запрещен), женщины сожгут мини-юбки и облачатся в паранджу. Будут у нас шариатские законы и шариатские суды.
Как в Саудовской Аравии.
А педофильские браки с девочками как в Саудовской Аравии в Кыргызстане уже давно вовсю практикуются.
Или все же мы вспомним, что Кыргызстан – это не мусульманская страна, а светское государство? Саудовская Аравия – мусульманская страна, Кыргызстан – светское государство.
Инициатива депутата Икрамова – это еще один шаг на пути к превращению Кыргызстана в Саудовскую Аравию (без нефти). Я жил в Саудовской Аравии два года и смею вас заверить: Кыргызстан гораздо лучше этой мусульманской страны. Пока.
Данияр Айтман, блогер

Иск против Атамбаева будет рассмотрен 8 июня

Сегодня в Первомайском районном суде Бишкека начнется судебное разбирательство по исковому заявлению о защите чести, достоинства и деловой репутации правозащитников Азизы Абдирасуловой и Толекан Исмаиловой. Об этом сообщили в правозащитном движении «Бир Дуйно – Кыргызстан».

Правозащитники считают, что президент должен официально попросить извинений и опровергнуть сказанные в их адрес слова. Моральный ущерб в иске, как ранее сообщалось, определен в размере 2 миллионов сомов.

Напомним, в середине мая лидеры общественного объединения «Народный парламент» были задержаны по обвинению в приготовлении к насильственному захвату власти. На заседании, которые было организовано «Народным парламентом» 12 мая, приняли участие и правозащитники Азиза Абдирасулова и Толекан Исмаилова.

14 мая на мероприятии, посвященном Дню матери, президент страны заявил, что члены «Народного парламента» хотят под любым предлогом раскачать, дестабилизировать ситуацию в стране, а также назвал правозащитниц «верно отрабатывающими свои зарубежные гранты».

После этого правозащитники направили на имя президента обращение и потребовали извинений. Они также заявили, что проводили простой мониторинг заседания «Народного парламента».

Легендарлуу боксер Мухаммед Алинин жаназасына жума күнү Тайип Эрдоган, Билл Клинтон, король Абдалла баштаган 18 миң адам катышыша турган болду

Жума күнү, 10-июнда АКШнын Кентукки штатындагы Луисвилл шаарынынын KFC Yum! Center стадионунда өтө турган легендарлуу боксер Мухаммед Алинин жаназасына 18 миң адам катышат.
Жаназага Түркиянын президенти Тайип Эрдоган, Йорданиянын королу Абдалла, АКШнын экс-президенти Билл Клинтон сыяктуу мамлекеттик саясый ишмерлер да катышыша тургандыгын билдиришти.
Жаназа жергиликтүү убакыт боюнча саат 14.00.дө окула башталат.
Эсиңиздерге сала кетсек, 74 жаштагы америкалык боксер Мухаммед Али 4-июндан 5-июнга караган түнү көз жумган. Мусулман динин кабыл алган Мухаммед Алинин өзүнүн керээзи боюнча жаназасы жума намаз күнү окулуп, аны сөөгү жерге мусулманча берилет. Алинин сөөгү азыр өзү туулуп өскөн Кентукки штатынын Луисвилл шаарына жеткирилген.
Луисвилл шаарынын тургундары жана шаар башчылары Мухаммед Али атындагы маданият борборун гүлдөр менен кооздошуп, коштошуу зыйнатын татыктуу өткөрүүгө камданышууда. Мухаммед Алинин жаназа намазын өзү сыяктуу кийин мусулман динине өткөн америкалык мусулман аалымдардын бири имам Заид Шакир окуйт. Алинин жаназа зыйнатына АКШдагы башка диндердин да дин аалымдары катыша тургандыгын билдиришкен.

Американын атактуу боксеру Мухаммед Алинин жаназасы өзүнүн керээзи боюнча жума намаз күнү окулуп, сөөгү жерге мусулманча берилет

Легендарлуу, 74 жаштагы америкалык боксер Мухаммед Али 4-июндан 5-июнга караган түнү көз жумган. Мусулман динин кабыл алган Мухаммед Алинин өзүнүн керээзи боюнча жаназасы жума намаз күнү окулуп, аны сөөгү жерге мусулманча берилет. Алинин сөөгү азыр өзү туулуп өскөн Кентукки штатынын Луисвилл шаарына жеткирилген.
Луисвилл шаарынын тургундары жана шаар башчылары Мухаммед Али атындагы маданият борборун гүлдөр менен кооздошуп, жаназа зыйнатын татыктуу өткөрүүгө камданышууда. Мухаммед Алинин жаназа намазын өзү сыяктуу кийин мусулман динине өткөн америкалык мусулман аалымдардын бири имам Заид Шакир окуйт. Алинин жаназа зыйнатына АКШдагы башка диндердин да дин аалымдары катыша тургандыгын билдиришкен.
Мухаммед Али Центр Али в Луисвилле
Луисвиллдеги Мухаммед Али атындагы маданият борбору

Атамбаев Улуттук банктын төрагасын кабыл алды

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-июнда, Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда мамлекет башчысы негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр, баалардын туруктуулугун кармап туруу жана анын ичинде өлкө ишкерлери менен фермерлерине берилүүчү насыялардын көлөмүн арттыруу аркылуу экономикалык өсүшкө өбөлгө түзүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат алды.

Толкунбек Абдыгулов ошондой эле 2016-жылдын май айында өлкөдө инфляциянын көлөмү жыл башынан бери 3,4 пайызга төмөндөп, 0,2 пайызды түзгөнүн айтты. «Банктарды каптитализациялоо процесси уланууда. Быйылкы жылдын 1-июлуна алардын капиталы 400 млн сомго, ал эми 2017-жылдын 1-июлуна карата – 600 млн сомду түзөт», – деп билдирди Абдыгулов.

Атамбаев жана Улуттук банктын төрагасы Абдыгулов ошондой эле өлкөдө накталай эмес төлөөлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча 2012-2017-жылдарга карата эсептелген Мамлекеттик программанын аткарылышынын жүрүшүн талкуулашты.

Мамлекет башчысы өлкө үчүн тобокелчиликти азайтуу жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу максатында Улуттук банк эсептешүүлөрдү улуттук валюта менен накталай эмес жүргүзүүнүн үлүшүн арттыруу аркылуу экономиканын долларлашуусунун деңгээлин төмөндөтүүгө багтытталган бул программаны аткаруу боюнча иш-чараларды  активдүү турмушка ашыруусу керек деп белгиледи.

Стамбулда теракттын жагдайлары иликтенүүдө

Автобус жарылып, 11 адамдын өлүмүн алган Стамбулдун туристтик районун полиция курчоого алды, көптөгөн тез жардам унаалары тартылды. Автобустун соо жери калган эмес, ага жакын жайгашкан үйлөрдүн терезелери талкаланган.

Түркия ММКлары жергиликтүү тургундарды шаарга барбоого, зарылдык болбосо үйлөрүнөн чыкпоого жана күмөн жараткан баштыктарды көрсө токтоосуз кабарлоого чакырууда.

Тартип сакчылары коомдук унаалардагы, автобустардагы, деңиз трамвайларындагы, метродогу адамдардын документтерин текшерүүдө. Башкы туристтик объектилерди коргоо күчөтүлдү. Музейлерде жан киши жок. Бийлик Босфор боюнча деңиз экскурсияларын токтотуп, Топкапы менен Ая-Софья музейлерин убактылуу жапты. Туристтер Стамбулдагы мейманканалардан кетип жатканы кабарланууда. Жардыруулар дагы болушу ыктымал деген ушак-айың күч.

Жардыруу үчүн азырынча эч ким жоопкерчиликти ала элек. Жергиликтүү ММКда окуянын артында күрд жикчилдери же “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушчандары турат деген божомолдор айтылууда. Дал ушул топтор Анкаранын Сириядагы аскерий операцияга катышканын айтыптап, бир нече ирет теракт жасайбыз деп коркуткан.

Мина коюлган автоунаа полиция автобустары өтүп бараткан учурда жарылган.

Жанар Акаев, СДПКчы депутат: "Чубак ажы көз жумса кыргыз жерине эмес, Арабдардын кумуна көмүлүш керек!"

Жума намаз боюнча.
Орозо-бул баарыбызды сабырдуулукка, кечиримдүүлүккө жана ынтымакка үндөгөн ай. Бирок, парламенттеги жума намаздын убактысын узартуу же узартпоо маселесин дал ушул ыйык айда саясатташтырып, радикал молдолор ого бетер күчөтүп жибергендей болду. Мен дагы орозо кармап жатам, ошондуктан тиги өзүн пайгамбарга теңеп алган Чубак ажы, Мотуев сотуевдерге теңелип отурбай, ушулардан өйдө эле болуп койсом болмок, анткени алар динди, өзгөчө исламды бетке кармап, ажылдап көнүп калган бир немелер эмеспи. (алар сөзсүз тиешелүү органдарга жооп бериши керек)
Жума намазды окуганга мен эч качан каршы болбойм, тескерисинче, намазга жыгылган, ыйманга келген жарандарыбыздын көбөйгөнү баарыбыз үчүн жакшы. Бирок эмгек кодексин өзгөртүп, бүтүндөй мамлекеттик органдардын, мектептердин, бала-бакча, оорукана, айтор бардык мекемелердин иш графигин жаңыдан иштеп, жума намаздын убактысын өзгөртүүгө азыр ошончолук эле чоң муктаждык барбы? Менин сунушум-муну кызматкер менен жетекчи өз ара түшүнүшүү аркылуу эле чечип келишет, азыркыдай, же жума намаздан кечиккени үчүн жарандарыбыз массалык куугунтукка алынып, жумуштан айдалып жатабы? Андайлар болсо мага келгиле, укугуңарды чогуу коргойлу. Кыргыз өкмөтү, профсоюздар уюму, УКМК, баары бул мыйзамга каршы корутунду берген. Зарылдыгы жок деген.
Тиги Чубак Жалиловдун мыйзамды колдобогон депутаттарга жаназа окулбасын, андай болбосун, мындай болбосун деген радикалдуу пикирлери-бул ЭКСТРЕМИЗМ, ТАКФИРИЗМ! Бүгүн бул депутаттарды чечими үчүн каапыр атап, жаназа окулбасын десе, жайга коюлбасын десе, анын кийинки кадамы кандай? Ушунча болду компартияга мүчө болгондордун сөөгүн көрүстөндөрдөн чукуп чыгып бөлөбү? Раззаков менен Масалиевдердин сөөгүн чукуйбу? Ысырык салган энелерди эмне кылат? Сүмөлөк бышыргандардычы? Муну эми элдер шейх, сиздики туура десе, эйфорияга алынып, өзүн Кудайдан кийинки эле адам сезе баштаган экен. Ыйык Орозодо элди ынтымакка, ыйманга үндөгөндүн ордуна, бөлүп жарган неме сөзсүз жазасын алат. Түркия деле мусулман өлкөсү, жума намазда иштейт алар, анда эмне Эрдоганга да жаназа окулбайбы? Булар идеал туткан Сауд өлкөсү, арабдар нефтиге бай, алар аз иштесе жарашат, а биз иш аркылуу өнүгөбүз! Чубак Жалилов, Мотуев, дагы ушуга окшошкондор диний кырдаалды курчутуудан кайра тартышчудай эмес, Казакстанда, Сирияда башка жактагы кооптуу кырдаал буларга оюнчук көрүнөт окшойт. Булардын улуттар аралык, диний араздашууга үндөгөнү-кылмыш. Мына, менин айылымдан адамдар чалып атат, кимге жай берип, кимге бербеш керек ошол серейген молдо чечеби деп. Чубак ажы көз жумса-кыргыз жерине эмес, ошол идеологиясына сугарылып, жаназа, жай берүү, жана башкага чейин кийлигишип, адамдарды козутуп атканы үчүн Арабдардын кумуна көмүлүш керек!
Дин менен ойногон саясатчыларды ээрчибегиле, алардын эл көзүнө намаз окуп, кандай ыплас иштерди жасап атканын биз жакшы билебиз. Элден аброй топтоо үчүн оозунан Алла түшпөй, популисттик мыйзамдар менен алек болгондордун, динди бетине кармагандардан пайдасынан зыяны көп. Криминалы да, чала молдосу да, башкасы да кантип жашаганды бизге үйрөтпөсүн.
Менин жашоодо өз принциптерим бар, уурдабайм, тонобойм, түз жүрөм жана элиме ак кызмат кылам. Чымындан пил жасап, динге каршы, исламга каршы көрсөтөйүн деген оюңардан майнап чыкпайт. Элге жаман көрүнбөйүн деп, билип туруп башкача добуш берип, же башкача сүйлөгөн депутаттардын жолу башка, меники башка. Эмкиде добуш албай калбайын деп маскарапоз болуп жагалданып да отурбайм силерге, тескери бата берип, өзүн кудайдын жердеги өкүлүндөй сезген немелердин пикирине кылым кыйшайбайт. Радикалдардын басымы-добуш берүүнүн жыйынтыгына эч таасир эте албайт.
Түшүнүктөр менен эмес, биз мыйзам менен жашашыбыз керек.
Жанар Акаев, СДПК фракциясынын депутаты

ЖК "Лотерея ишмердүүлүгүнө" тыюу салуу боюнча мыйзамды колдоду

Бүгүн Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын аймагында “Лотерея ишмердүүлүгүнө” тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда колдоо тапты. Аталган мыйзамга 98 депутат “макул” 12 депутат “каршы” добуш беришти.

Мыйзам долбооунун демилгечилери: Төрөбай Зулпукаров, Бакыт Жетигенов, Анвар Артыков, Таалайбек Масабиров жана Тазабек Икрамовдор.

Эске салсак, бул мыйзам парламенттин өткөн жумадагы жалпы жыйынында каралып, эл өкүлдөрүнүн арасында бир топ талаш-тартышты жараткан эле. Анда көпчүлүк депутаттар лотерея ишмердүүлүгүнө таптакыр тыюу салууга каршы чыгышкан болчу.

Кеңешчиге жарыбаган өкмөт

Башбакан Сооронбай Шарипович “чу” дегенде эле кеңешчилерди “керегеге” тизип, кереги жокторун жолго салып айдай баштады. Алардын арасында Шаршен Касенов, “Бишкек парктын” кожоюну Айдин мырза баштаган бир катар инсандар бар. Ал эми бошоткондордун ордуна жарым жылдан бери бош жүргөн, “Кыргыз-орус өнүктүрүү фондун” бир жылдан ашык башкарып, эч кандай иш жасабай эле, өзүнө 10 миң доллар айлык коюп алган Нурсулуу Ахметова дегенден башканы таппай калгансып, өзүнө коомдук башталыштагы кеңешчи кылып дайындады.

10 миң долларды чапчып, башкасын “катып” иштеп көнгөн бул айым Жээнбековго айлыгы жок кантип иштейт? Көмүскөдөн “көркөм” иштерди жасайбы? Же ишсиз жүргөндөн көрө бекер иштесин дештиби, айтор бул жагы кызык. Негизи Ахметова Жээнбековго кыйратып деле кеңеш бербесе керек, ошентсе да айла жок, “казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса”  дегендей эле кеп да…

Булак: “Багыт.kg”

Ишкерлер Евробиримдик базарына товарларды экспорттоону үйрөнүшөт

Евробиримдик эксперттери ЖЖС+ (Жеңилдиктердин жалпы системасы) макамы кандай артыкчылыктарды берип, кандай милдеттенмелерди жүктөй тургандыгын ишкерлер чөйрөсүнө түшүндүрүү максатында Кыргызстанга келишти. Бул жөнүндө ЕБнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

9-июнда өтө турган жолугушууда ишкерлер Европа комиссиясынын өкүлдөрүнөн өнүмдү ЕБ рыногуна экспорттоого байланышкан суроолоруна жооп алышат. Башкы баяндамачылар – Евробиримдиктин соода боюнча башкы директоратынын жетекчисинин орун басары Николаос Заимис, саясат маселелери боюнча кеңешчи Даниэль Крамер, Европа тышкы байланыштар кызматынын кеңешчиси Гус Хоуттуин.

2016-жылдын январында Евробиримдик Кыргызстанга ЖЖС+ макамын ыйгарган. Бул товарлардын 6 миңден ашуун түрүн европалык рынокко төлөмсүз чыгарууга мүмкүндүк берет.

Маселен, жемиш, шире, как жана жаңгактарды (грек жаңгагын, мистени), буурчак, тамеки, кийиз буюмдарын, кийим-кече, килемдерди төлөмсүз чыгарууга болот.

Кыргызстандын кулжасын аткан канадалык мергенчи үчүн ким жооп берет?

Интернет айдыңында канадалык мергенчи Шванкинин Кыргызстанга келип, кызыл китепке кирген “Марка Поло” кулжасын жана тоо текени кантип атып кеткени тууралуу тасмасы катуу талкууга жем таштап отурат. Анткени тасмада мергенчи аң уулоону мамлекеттик кайтарууга алынган Сар-Чат Ээр-Таш мамлекеттик коругунун ичинде жүргүзгөн. Демек бул түздөн-түз мыйзам бузуучулук менен жасалган мергенчилик операциясы. Андыктан башпрокурор Индира Жолдубаева бул боюнча атайын кылмыш ишин козгоп, мыйзамсыз мергенчиликке жол бергендерди, алды менен акыркы 4 жыл айлана-чөйрөнү коргоо агенттигин жетектеп, кызматынан жаңы кеткен Сабир Атажановду суракка алууга тийиш. Анткени мындай жогорку деңгээлдеги мергенчиликти уюштурууга тасмадагы айтылган “Саку” аттуу жарандын жалгыз колунан келбейт жана Атажановдон уруксатсыз корукка бейчеки адамдар кирүүгө дегеле мүмкүн эмес. Бирок буга башпрокурордун духу жетеби же дагы бирөөнүн куйругун басып албайын деп көрмөксөнгө салабы мезгил көрсөтөт…

Булак: “Фабула”

Жалал-Абад: Үйүнүн дубалдары бузулгандарга компенсация төлөнө баштады

Жалал-Абад шаарында борбордук Ленин көчөсүн кеңейтүүгө байланыштуу көчө жактагы дубалдары бузулган үй-бүлөлөр алдын ала түзүлгөн келишимдер боюнча жергиликттүү бюджеттен компенсацияларын ала башташты. Бул тууралуу шаардык муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин жетекчиси Болот Жусупбеков билдирди.

Анын айтымында, борбордук көчөдө орун алган 38 үйдүн дубалдары бузулду, ал эми алдын ала түзүлгөн келишимдер боюнча 29 үй-бүлөгө компенсациялар төлөнүп берилип жатат. Бүгүн алгачкы 4 үй-бүлөнүн эсеп-номерлерине аларга таандык болгон 635 миң сом которулуп берилди. Ал эми калган үй-бүлөлөргө да ушундай эле компенсациялар которулуп берилет.

Эске сала кетсек, өткөн жылы шаар борборундагы жол коопсуздугуна зыян келтирген унаа тыгындарын жана жолдогу башаламан кыймылды жоюу максатында шаар бийликтери борбордук Ленин көчөсүн кеңейтүү иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжада, шаар борборунда тартип жана жол коопсуздугу орун алган. Эми быйылкы жылы Ленин көчөсүн кеңейтүүнүн экинчи этабы ишке ашырылып жатат. Ага шаар бюджетинен 11 миллион 750 миң сом каражат бөлүнгөн.

Актөбө чабуулдарына катышы бар деп изделгендердин бири кармалды

Бүгүн таң эрте Актөбөдөгү кол салууларга байланыштуу издөөдөгө алынган жети жарандын дагы бири кармалды. Бул маалыматты облустун акимчилигинин аппарат жетекчисинин орун басары Ернур Бурахан тастыктады.

Анын айтымында, шектүү жаран Актөбөдөн 100 чакырым алыстыкта жайгашкан Кобда (Хобда) айлында колго түшкөн.

Кечээ кечинде Актөбөнүн айрым аймактарында ок атышуулар болгону кабарланган.

Кобда айлында кармалган жарандын аты-жөнү, курагы айтылган жок. Буга чейин Актөбөдөгү куралуу кол салууга катышы бар делген сегиз адамдын колго түшкөнү маалымдалган.

5-июнда куралдуу топ эки курал саткан дүкөндү тоноп, андан соң Актөбөдөгү аскерий бөлүккө кол салган. Атышуу учурунда онго чукул адам набыт болгон. Кол салгандардын 13ү кийинки эки күн ичинде өлтүрүлгөн. ИИМ маалыматы боюнча дагы алты киши изделүүдө.

Эрдоган депутаттарды кол тийбестиктен ажыратты

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган депутаттык кол тийбестикти жокко чыгарган мыйзамга кол койду. Бул күрддөргө жан тарткан парламенттин мүчөлөрүн жана азыркы режимге каршы чыккан башка депутаттарды соттук куугунтуктоого алууга шарт түзөт.

Эрдоган күрддөрдү колдогон Элдик демократиялык партиянын өкүлдөрүн козголоңчулар менен байланышы бар деп айыптап, аларды террорчулук боюнча кылмыш жообуна тартуу керек деп билдирген. Ошондон кийин Адилеттик жана өнүгүү партиясы аталган мыйзам долбоорун иштеп чыккан.

Мыйзам долбоору Германия менен Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн сынына кабылды. Оппозициялык маанайдагы депутаттар да аны айыптап, бул демилгеге каршы добуш берерин билдирген. Элдик демократиялык партия күрддөр менен башка улуттук азчылыктардын укуктарын колдойт. Ошондой эле мыйзамсыз Күрдистан Жумушчу партиясынын саясий канаты экендигин танып келет.

20-майда өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгында мыйзам долбоорун 550 депутаттын 376сы жактады.

Өкмөт жалпы жарандардын салыктык декларация берүү мөөнөтүн 2020-жылга жылдыруу демилгесин сунуштоодо

Жогорку Кеӊеште жалпы жарандардын салыктык декларация берүү мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөттүн берген маалыматына караганда, учурдагы техникалык даярдыктын жетишсиздигинен улам, жалпы жарандардын салыктык декларация берүү мөөнөтүн 2020-жылга жылдыруу демилгеси сунушталууда. Жарандар өздөрүнүн жылдык кирешелери менен чыгымдары тууралуу маалыматты да ачыкка чыгарууга тийиш. Ал үчүн Салык кодексине өзгөртүү киргизүү зарыл.

Депутаттар өкмөттүн дарегине жалпы жарандардын салыктык декларация берүү мөөнөтүн жыл сайын улам кийинкиге жылдырып келатканын сынга алышты. Депутат Акылбек Жапаровдун пикиринде, көп аткаминерлер өз мүлкүн башка адамдарга каттатып койгондуктан, мындай кадам атайылап жасалууда. Анткени, бул мыйзам күчүнө кирсе, ал мүлк катталган адамга тиешелүү болуп калат.

Эрнис Кыязов: “Кагазда парламенттик, иш жүзүндө президенттик-авторитардык өлкөдө... талтайып жашоо кандай гана ыңгайлуу...”

…кыргыз болуп туулуп, орусча жашап, арабча өлгөн; мыйзамында “светтик” деп жазып койгон менен Ак үйгө намазкана ачып, борбордук аянтта президенти алдыңкы сапта туруп алып Айт намазын окуп, бирок кээде сакалга, узун кийингендерге асыла койгон; саясаттын ыгына карап, бирде чүт-чүт мусулманга, бирде чүт-чүт светтик кишиге айланып жүрө берген; коммунисттик-атеисттик доордун да чет-четин көрүп бирок заман оошкондо коммунисттик партбилетин ыргытып ийип чала-демократка айлана калган; тандаган багыты демократиялык, бирок элинин турмушунун өзөгү көбүнесе мусулманча; бет алган башкаруу системасы кагазда парламенттик, иш жүзүндө президенттик –авторитардык өлкөдө, кээде Американы эш тутуп, кээде Орусияга өбөктөп, кээде Сауд Арапстанга барып “биз мусулманбыз” деп,.. көп коёнду бирдей кууп, эки атты бирдей минип, ТАЛТАЙЫП жашоо кандай гана ыңгайлуу…

Эрнис Кыязовдун соцтармактагы баракчасынан

Сергей Дьяченко “серый” кардиналбы?

Коомчулукта унаалардын терезелерин караңгылатуу боюн­ча чуулар байма-бай чыгып келет. Жакында эле “БВ” маалымат сайты ИИМдин Жол-кайгуул кызматынын мурдагы башчысы Сергей Дьяченконун колу менен берилген караңгылатууга уруксат кагазды жарыялашты. Анда аталган жетекчинин колу коюлуп, кызматтык мөөр басылып турганы даана көрүнөт. Бирок азыр аталган кызматчы эмес, кызматтын өзү жоюлуп, патрулдук милицияга айландырылганын баарыбыз билебиз. Демек бул жерде атайын эле мыйзам бузуучулук бар экени көрүнүп турат. Биринчиден, бул уруксат кагаздары жасалма болушу мүмкүн же кайран Сергей мырза кызматтан кетээр алдында мындай уруксаттарды пачкалап таратып, акча жыйнап алышы да толук мүмкүн. Албетте буга жаңы министр ак же көк деши керек го?!

Булак: “Фабула”

Фото – Атамбаев менен Медведев "Ала-Арчаны" айланып, сүрөткө түштү

Бишкекте 7-июнь күнү Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылар кеңешинин жыйыны өттү. Жыйынга эң биринчилерден болуп Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев келди. Тагыраагы, аны 6-июнда “Манас” аэропортунан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Ошол эле күнү Медведевди президент Алмазбек Атамбаев кабыл алып, жолугушуудан кийин экөө ээрчишип “Ала-Арча” улуттук жаратылыш паркына барып, чогуу сүрөткө түшүп, эс алышты. Орус өкмөт башчысы Кыргызстандын табиятынын сулуулугуна  суктанганын жашырбай, тартып алган сүрөттөрүн өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

1 2 3 4 5

Кашайган камсыздандыруу же Муканбетовдун “мутный” кызыкчылыгы

Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү милдеттүү түрдө камсыздандыруу мыйзамын киргизүүгө кызыкдар күчтөр парламентте эле эмес, өкмөттүн өзундө да жетиштүү. Би­рок бул мыйзам акыры барып унаа ээлеринин кызыкчылыгына эмес, айрым гана жеке компаниялардын кызыкчылыгына иштээрин, алар буга катуу жан үрөө менен чуркап жаткандыгынан эле билүүгө болот. ЖКнын депутаты Алмамбет Шыкмаматов милдет­түү камсыздандыруу боюнча өкмөт башчынын орун басары Олег Панкратов менен Мамлекеттик каржы көзөмөл кызматынын башчысы Санжар Мукамбетовдор катуу чуркап жатканын, алардын жеке кызыкчылыгына жол берилбеши керектигин айтты. Демек эки чиновниктин тамагы эрте эле “майланып” коюлганбы деген суроо туулап жатат.

Эми алар коргоп, колдоп, парламенттен жактырып алууну каалаган мыйзамга келели. Ооба, ар бир унаа ээси мил­деттүү түрдө жеке камсыздандыруучу компанияларга бе­ри дегенде 3000 сомдон төгөт экен. Андан тышкары документтерди толтуруп, справкаларды алуу үчүн да түмөн түйшүк жана тыйындар коройт. Ал эми камсыздандыруучу компаниялардын көбү болсо борбор шаарда жана облус борборлорунда болушу мүмкүн. Ошондо тээ Ак-Талаанын айдоочулары Нарынга 100 километр жол басып келип, өзүнүн күнөөсүз экендигин далилдеши керек экен да. Жол киреге эле 200 сом коротоорун бу Мукамбетов менен Панкратовдор неге ойлонбойт? Ал эми Кыргызстанда катталган унаалардын саны эле 3 миллиондон ашык экенин эске алсак, камсыздандыруучу компанияларга түшкөн каражатка эсеп жеткидей эмес. Буга кошумча, кокус кагышьш-сүзүшүп кеткен унаалардын кимиси күнөөлүү болуп, кайсы кам­сыздандыруучу чыгымды көтөрөт дегенге келгенде да чоң суроолор бар. Анткени ошол миллиондогон унаалардын баарында эле видео-регистра­тор жок, жолдор толук видео байкоого алынган эмес, МАИлер болсо баягыдай эле “шб” менен шугулданып жүрүшөт…

Булак: “Фабула”