Menu

Адиль Турдукулов, жаш саясатчы: “Башкаларды айтпай эле коёюн, бирок, мен грант алып көргөн жан эмесмин”

Айрым кесиптештерим “Адиль Турдукулов менен жеке мамилеңер үчүн эле гезитиңерге дайым чыгара бересиңер” деген кине коюп калышат. “Андай эмес” деп деле актанбайм. А бирок, каарманыбыз коомдогу саясый окуялар тууралуу ар убак пикирин жалтанбай билдирип турат. Негизгиси, саясый элитадагы айрым “сакалдуулар” сымал коркок билиштикке барбай, орчундуу окуяларда башын коңулга катпай, адилеттүүлүк үчүн саясый күрөштүн маданияттуу жолунда күрөшүп келет. А мындай күрөш, түпкүлүгүндө чоң саясатка даңгыр жол ачаарын бөркүмдөй көрөм. Эмесе, Адил мырзанын соңку жаңылыктары менен төмөндө бирге таанышалы окурман…    

– Адиль мырза, АКШга барып келген сапарыңыздар канчалык жемиштүү болду? Ал жакка барып, грант алып келип, эми аны Кыргызстандан акташ үчүн бийликке каршы “түрдүү обондорду” созуу менен алектенесиңер да ээ? Адатта, “бекер быштак капканда гана болоорун” билесизби? Баса, океандын ары жагына барган-келген сапарыңыздарды өзүңөр каржылаганыңар айтылууда. Эч жерде иштебей эле силер анча акчаны кайдан таап жатасыңар?

– Башкаларды айтпай эле коёюн, бирок, мен буга чейин бир да жолу ал жактан грант же башка бир акча алып көргөн жан эмесмин. Албетте, муну актануу катары айтып жаткан жерим жок. Бул сапар менин АКШга болгон экинчи барышым болду. Маселен, мен ошол эле Москвага болгон сапарымды санап көрсөм, баш-аягы 20 жолу барып келиптирмин. Ал сапарларымда деле расмий жолугуушулар болгон. Бул жолу дагы бир жыл мурункудай эле мамлекеттик департаменте жолугушууну өткөрдүк. Анда Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу мамиле боюнча пикир алмаштык. Андан кийин “Голос Америки” менен сүйлөшүү болуп, алар өздөрүнүн программаларын, биздеги жаңы жеке каналга чыгарып туруусу чечилди. “Фридом Хауста” алар биздин Кыргызстандагы сөз эркиндигине болгон кысымды көңүл бурбай жатканын, сын көз караш менен айттык. Андан тышкары, Америкада окуп, иштеп, оокат кылып жаткан кыргыздар менен жолугуп келдик. Биз Европа мамлекеттери, Орусия, Кытай, АКШ, Чыгыш Азия өлкөлөрү менен ар-тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, тең салмактуу баланс сактаганга аракет кыла бериш керек. Бул биздей кичинекей өлкө үчүн абдан маанилүү. Ал эми барган-келген сапарыбызга анчалык деле капчыкка түйшүк жараткыдай, көп акча кеткен жок. Анткени, билеттер алдын-ала, жеңилдик менен алынган болчу. АКШга барып, түнөк тапкан, жаткан жерибиз деле арзан чыкты. Анткени, ал жерде бизди күтүп, сыйлаган кыргыз туугандар болду.

– Албетте, АКШга барган сапарыңар ылайым эле жемиштүү боло берсин. Бирок, коомго белгилүү журналисттер, саясатчылар АКШга барып алып, кичинекей балдардай болуп, улам бир сүрөткө түшүп, популисттенип эле элге жарыялай бересиңерби? Ар бириңиздерге кичине да болсо салабаттуурак сапат жетишпей жаткан жокпу?

– Эми көпчүлүктө ушундай, баарына эле жакпайсың да. Социалдык тармактарга жарыяланган сүрөттөрүбүз сага жакпаса эле баарына жакпай калбайт да, бир беткей да айтып, жыйынтык чыгарыш туура эмес. Сапарда жүргөндөгү сүрөттөрдү социалдык тармактарга жүктөө – бул бир караганда элдин алдында берген биздин отчетубуз. Өзү саясат, анын ичинде саясатчылар дагы элдин алдында ачык болуш керек. Бул коомдо жемкорлук болбошунун бирден-бир себеби. Ал эми биздеги “саясатчы-ишмерлер” элдин астында өлүмүш болуп жүрө беришет да, жасаган иштери болсо таптакыр башкача. Мындай эки жүздүүлүктү мен түшүнө албайм.

– Биздин саясатчыларда АКШга жана Россияга жан тарткан эки катмар дээрлик калыптанып калганын өзүңүз деле жакшы билесиз да. Маселен, Россияга ыктаган саясатчылар АКШга бармак тургай, атын да уккусу келишпейт. Тышкы саясаттан түшүнүгү бар сизди келечекте АКШ тарапка ыктаган саясатчы катары карасак болобу?

– Биринчиден, АКШ менен Орусиянын биздин мамлекетке болгон таасирин салыштыруу мүмкүн эмес. Орусияда биздин миллионго жакын мигранттар иштейт. Анан калса, биз орус маданиятынын астында тарбияландык, керек болсо, биздин эл көбүнчө дүйнөлүк маалыматтарды орус каналдары аркылуу алып жатабыз. Москванын тышкы саясатында дагы КМШ өлкөлөрү, ошонун ичинен Кыргызстан дагы аларга приоритеттүү. Вашингтон үчүн андай эмес. Алар биздин аймакта тынчтык болуусун жана негизги демократиялык принциптер болушун каалайт. Мен кыргыздын кызыкчылыгын коргогон атуулмун. Менин терең ишенимимде, Кыргызстандын кызыкчылыгы ар кыл мамлекет менен кылдат, туура мамиле куруу болуп эсептелинет.

– Бийликке багынбаган “Жаны Муундагы” саясатчылардын сап башында сиздин ысымыңыз ар убак айтылып келет. Өткөн жылдары сизге элчиликтен да кызмат сунуштап көрүштү. Атамбаевге болгон жеке таарынычыңызды бетке кармап эле курулай кыйкырык менен алектенип жүрө бересизби эми? Бүгүнкүдөй “таш чайнап, кум бүркчүдөй” болуп турган кезиңизде мамлекеттик кызматка барып, элге, өлкөгө бир жардам бербейсизби? Бийлик тараптан дагы бир ирет кызмат сунушталса барат белеңиз?

– Туура, балким жеке керт башымдын кызыкчылыгын ойлосом кете бермекмин. Бирок, азыркыдай “жылаңайлак” статусумда Кыргыстандын өнүгүшүүнө кошкон салымым чоңураак го деп ойлойм. Башка “өзүм билимдүүмүн” деген жаштарды деле көрүп жатпайбызбы. Жалгыздап мамлекеттик жумушка баргандарды сындырып жатканын. Анткени, системалык реформа болмоюнча эчтеке өзгөрбөйт.

– Силерге карата айрым аттуу-баштуу эле журналисттер “бизди сөз эркиндигин колдоо боюнча бул жактагы форумдардан пайдаланып, АКШга бараарга келгенде бизди таштап, келечекте келчү грантты кызганышты” дегендей нааразы пикирлери тар чөйрөдө айтылууда. Ушул боюнча кандай актануу кыласыздар?

– Бизде бара турган тизме ачык эле болчу. Ким кааласа барса деле болмок. Бул жерде эч кандай бизден аларга же алардан бизге карата кандайдыр бир кызгануу кылуунун себеби жок.

Булак: “Азия news”

Орусия Иранга чабуул жасоочу курал-жарак сатуудан баш тартты

Орусия Иранга чабуул жасоочу курал-жарак сатуудан баш тартты. “Ростех” мамкорпорациясынын башкы директору Сергей Чемезов “Коммерсант” гезитине берген маегинде мындай соодага БУУ Коопсуздук кеңеши салган санкциялар жол бербей тургандыгын билдирген.

Ошол эле убакта Чемезов аталган чектөөлөргө кирбеген курал-жарактар, анын ичинде абадан коргонуу (ПВО) системаларын сатуу улантыла тургандыгын айтты. Москва быйылкы жылдын аягына чейин Иран менен түзүлгөн С-300 зениттик комплексин сатуу туурасындагы келишимди толугу менен аткарып бүтүүгө үмүттөнүүдө. Расмий эмес маалымат боюнча Иранга бир миллиард доллар суммадагы зениттик-ракеталык комплекс системалары сатылат.

Апрелде Тегеран курал-жарактын алгачкы партиясын алгандыгын ырастаган.

Москва Иранга С-300 зениттик-ракеталык түзүлүштөрдү сатууну 2010-жылы БУУ Тегеранга карата санкцияларды киргизгенден кийин токтоткон. Бирок 2015-жылдын апрелинде Орусия президенти Владимир Путин жарлыкка кол коюп, ага ылайык тыюу алынып салынган.

Аталган куралдын Иранга сатылышына Израиль караманча каршы чыгууда.

Дарыгерден кеңеш: Отуз күндүк орозонун касиеттери жана ден-соолукка тийгизген пайдасы

“Эй, ыймандуулар! Силерден мурдагыларга буйрулгандай эле, силерге да орозо кармоо буюрулду…” (Ыйык Куран, Бакара сүрөсү, 183-аят)

Медицина системасында көздүн карегиндей болгон бир кадр бар. Ал атпай кыргыз журтуна белгилүү “колу жеңил” кардиолог Абдимиталип Халматов. Каарманыбыз саламаттыкты сактоонун отличниги, профессионал дарыгер гана эмес, ибадатка баш урган, мусулманчылыктагы Меккеге чейинки парзын аткарган, диний жактан да сабаттуу инсан экендиги факт! Муну эч ким тана албайт. Дал ушундай сыймыктуу агабыз Улуу Рамазан айын утурлай Орозонун медицинадагы, дегеле мусулманчылыктагы артыкчылыктары менен шарттарын, адам организми, жалпы бейтаптарга тийгизген пайдаларын ташка тамга баскандай тизмектеп, талдаган макаласы колубузга тийди. Дароо басмага жарыялап турган кербезибиз. Жараткан жалгасын…      

Мына алдыбызда улуу Рамазан айы дагы кирип келе жатат. Жыл сайын бул айдын жакындашы менен биздин бейтаптарыбыз Орозо тутуу боюнча көптөгөн суроолор менен кайрылышат. Тилеке каршы, бул суроо бүткүл мусулмандар жашап жаткан жердеги дарыгерлердин орчундуу бир көйгөйү болуп эсептелет. Себеби, азыркы күндө мындай изилдөөлөрдүн аздыгы, оорулуу адамдарга кайсыл шарттардан Орозо кармоого уруксат берүү биз, дарыгерлер үчүн да жооптуу жагдай. Экинчи жагынан, азыркы статистика боюнча бүткүл дүйнө жүзүндө жүрөк кан-тамыр оорууларынын эпидемиясы, рак, өпкө ооруусу ж.б. илдеттерден жылдан-жылга миллиондогон адамдардын каза болушу. Дүйнөлүк кризистин элибизге тийгизген терс таасири–стресс, жакырчылык… Ушундай татаал заманда, биз, дарыгерлер да ооруларды айыктыруунун мындайча айтканда “арзан” жолун издейбиз. Мисалы, ушул күнгө чейинки изилдөөлөргө таянсак, чылым чегүүнү таштоо, спирт ичимдиктерине тыйуу салуу, салмакты таштоо жана кыймыл-аракетти көбөйтүү менен жүрөк кан-тамыр ооруулардан таблеткасыз эле 70-80 пайызга чейин кутулууга болот экен.

Эми бизге организмдеги иммунитетти көтөрүүбүзгө, аз тамактанууга, организмди бир жылда бир жолу шлактардан, топтолуп калган илдеттерден тазалоонун методу керек болууда. Бул метод болсо мындан 1400 жыл мурда Ыйык Куранда жазылган 1 жылда 1 ай кармалуучу Рамазан айындагы Орозо экендигин кɵпчүлүк окумуштуулар тарабынан бүгүнкү күндө тастыкталып турат. Улуу Куранда айтылган: “Силерден ким ушул айга күбө болсо (туш келсе) орозо тутсун! Ал (бул айда) бирɵɵ ооруп калып же сапарга чыкса, башка күндөрдө санын толтурсун. Аллах силерге жеңилдикти каалайт, кыйынчылыкты каалабайт… (Бакара сүрөсү, 185-аят)”. Сүйүктүү пайгамбарыбыздын (с.а.в.) – “Орозо кармагыла–айыгасыңар” деген сөздөрү бизге бүгүнкү күндө акысыз дарылануунун дагы бир зор методу болуп калышына шексиз ишенем.

Сиздер окуй турган мен даярдаган бул маалымат–азыркы күнгө чейин бүткүл дүйнөлүк окумуштуулардын жана дарыгерлердин изилдөөсүнүн жыйынтыктары гана болуп эсептелет. Дагы эскерте кетейин, бул бардык бейтаптар үчүн “баш ийип аткарылуучу жолдонмо эмес”! Баянымда кетирген ката-кемчилдиктер болсо сиздерден алдын-ала кечирим сураймын. Андан сырткары азыркы бардык алынган материалдарым орус же англис тилдеринде болуп, кыргыз тилге да өзүм котордум.

Азыркы күнгө чейин көпчүлүк адамдар Орозону арыкташ үчүн же болбосо диета катары кармашат. Бул туура эмес. Бүгүнкү күндө интернетте, гезит, журналдарда арыктоонун жүздөгөн түрүн табасыз (Поль Брегг–“Чудо голодания”, Герберт Шелтондун, Малаховдун ж.б. методдору). Бирок, бул методдордун баарысын Орозо менен эч кандай байланышы жок.

Орозо – бул тамак жактан гана чектелүү болуп калбай моралдык, руханий жактан бүтүндөй тазалануу да болуп саналат. Бир жылдын ичинде организмде топтолгон ар түрдүү илдеттерден, эски ооруулардан да кутулууга эбегейсиз чоң салымын кошот. Америкалык окумуштуулардын изилдөөсү боюнча ар бир айдын башында, биринчи күнү (дүйшөмбү күнү) бир күн орозо туткан (ачка жүргөн) адам жүрөк кан-тамыр ооруусуна чалдыгуусун 40 пайызга чейин азайтуусуна, астма приступун тɵмɵндɵшүнɵ, рак оорууларын алдын-алууга жана организмдеги иммунитеттин көтөрүлүшүнө жардам берет экен. Алардын айтуусу боюнча бир күн ачка жүргөн организмдеги “жеңил стресс” ушул оорулардын алдын алууга чоң салымын кошот экен. Демек, биздин улуу пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в.) сүннөт кылып жана ɵзү туткан “дүйшөмбү жана бейшемби” күндөрдөгү тутулган орозонун астында чоң бир сыр бар экендиги да такталууда!

Орозонун организм үчүн чоң пайдалуулугун азыркы күндөгү изилдөөлөр мындайча тастыкташып жатышат:

–Рамазан айы бул организмдеги процесстердин калыбына келтүрүүнүн убагына туура келет экен, б.а. адамдагы “биоритм” – организмди алдыдагы 1 жылга токтоосуз иштөөсүнө программа түзүп берет экен. Япониялык окумуштуулар далилдегендей “тамактануу” болсо биоритмди башкаруучу бир чоң фактор болуп эсептелет. Ошондуктан, адамдар бир континенттен экинчи бир континентке (8-12 саат учуп) барганда алардагы тамактын сиңиши, уйку режимдин бузулушу байкалат. Бул кɵрүнүш кээ бир адамдарда бир жумага же андан да көп убакытка чейин созулат. Анын ичинде эң коркунучтуусу – жаңы режимге үйрөнүү эмес, ага өтүү этабы болуп саналат. Бул организм үчүн чоң стресс. Япондук окумуштуулар болсо өздөрүнүн учкучтарына (летчиктерине) башка континентке барганда япон убактысы менен тамактанууну сунуштаган. Ошондо аларда ашказандан да, уйкудан да эч кандай көйгөй болбогондугуна күбө болушкан, б.а. япондук окумуштуулар бул изилдөөлөрү менен Орозонун сырын ачышкан. Бул күндүзгү тамактануудан түнкү тамактанууга өтүүсү. Эртеден кечке чейин тамактанбай жүрүү менен биз биоритмди 1 жылга толугу менен калыбына келүүсүнɵ шарт түзүп берет экенбиз. Орозо организмдеги биоритмди машыктырат, ошону менен иммунитетти көтөрөт, адамды жашартууга да зор өбөлгө түзөт экен;

  • Ашказанга эртеден кечке чейин тамак кирбеген соң организм тамак сиңирүү функциясын ордуна башка милдетин б.а. денедеги бүткүл жаман илдеттерди чыгаруу, тазалануу функциясын ишке салат. Орозо убактысы 12-14 саат – бул тамактын ооздон кирип, жоон ичегиге жеткенге чейинки убакыт болуп эсептелет. Ушул убакыттын ичинде ашказан, ичегилер толугу менен эс алат. Ашказандагы кислотанын азайышынын натыйжасында жара (язва) ооруларынын пайда болуу ыктымалы да азайат;
  • Орозо убагында боордун иштеши он эсеге көбөйүп, организмдеги ууларды чыгуусун тездетет. Мисалы, орозо убагында организмден аммиактын чыгуусу 100 эсеге көбөйөт экен;
  • Тамактын жоктугунан организм өзүндөгү ашыкча майларын жоготууга, ар түрдүү илдеттерди, эми башталып келе жаткан рак илдетин да жоготуп салууга күчү жетет экен;
  • 20-35 жаштагы аялдарда болсо орозо убагында кандагы пролактин деген гормон 80% азайган! Ошондуктан, окумуштуулар төрөгөн аялдарга орозону токтотуусун буюрган. Себеби, бул гормон энедеги сүттү иштеп чыгаруу фунциясына ээ. Ал эми боюнда болбой жүргөн аялдарга болсо пролактиндин азайышы алардын балалуу болушуна зор мүмкүнчүлүк жаратат. Анткени, төрөбөгөн аялдардын канында пролактиндин аябагандай ɵсүп кетүүсү байкалган;
  • Эркектердин жыныстык абалына токтолсок: орозонун башында бул функция бир азга төмөндөйт экен. Орозо бүткөн соң орозого чейинки абалынан да жакшыраак иштеп кетиши далилденген;
  • Кошбойлуулук – бул медициналык ооруга кирбейт. Бирок, пайгамбарыбыз Мухаммед (с.а.в.) айткан: “Балалуу жана кошбойлуу аялдар орозо кармабасын, себеби, Аллах жаш баланын же эненин ичиндеги наристенин кыйналышын каалабайт”!
  • Адамдын терисиндеги майда ооруулар (кожные заболевания) орозо убагында организмдеги суюктуктун азайышынын натыйжасында айыгып кетүүсү жана чоң тери ооруулардын жакшы жакка ɵзгɵрүүсү да далилденген;
  • Аллергия ооруулары орозо кармаган убакта кескин түрдө азаят, себеби, аллерголог дарыгерлер өздөрүнүн бейтаптарына оорууну айыктыруу үчүн биринчи кезекте эле аларды диетага отургузушат;
  • Орозо өттөгү жана бөйрөктөгү таштардын пайда болуусуна тосколдук кылат. Орозо кармоо сийдиктеги кальцийдин көбөйүшүнө, натрий менен калийдин азайышына шарт түзүп берет экен;
  • Сɵɵк-муун оорулары менен ооруган бейтаптарга орозо жана андагы таравих намазын окуу чоң пайдасын тийгизет. Орозо бүткɵн соң мындай ооруулар 1 жылга чейин стационарга жатуу муктаждыктарынан кутулушат экен.

Эң чоң маселе бул Кант диабети

Мындан 5-6 жыл мурда кант диабети менен ооруган бейтаптарды Орозо тутуусуна дарыгерлер тарабынан катуу тыюу салынган. Акыркы изилдөөлөр болсо кант диабети менен ооруган ооруларга эгер орозо тутууну кааласа өздөрүнүн баалуу кеңештерин беришүүдө. Акыркы изилдөөлөргө таянсак, Орозо кандагы канттын бир аз гана төмөндөшүнө, боордун көрсөткүчтөрүн, холестериндин составын жакшы жакка өзгөргөнүн тастыктайт. Окумуштуулардын айтымына караганда инсулинге көз карандысыз диабет менен ооруган ашыкча салмактуу адамдарга Орозо кармоо аябай пайдалуу экен. Инсулин алып жаткан оорулардын эгерде Орозо кармагысы келсе алар сөзсүз түрдө өзүнүн дарыгери менен кеңешүүсү зарыл.

Мындай оорууларга Рамазандын 3 принциби кеңештелет:

  1. Дары-дармектерди так жана убагында колдонуу;
  2. Диетаны катуу сактоо;
  3. Кыймыл аракетти кɵбɵйтүү.

Жогорудагы 3 принципти катуу сактаган бейтаптарга Орозо кармоого уруксаат берилет.

Кайсыл диабет оорууларга орозо кармоого тыйуу салынат:

  • Инсулин алып жаткан (I типтеги) абалы оор бейтаптар;
  • Канты тезинен түшүп же кескин кɵтɵрүлүп кетүүчү оорулар;
  • Дарыгердин кеңештерин аткарбаган бейтаптар;
  • Канттын артынан кан басымы жогору жана бөйрөктөрү начар иштеген ооруулар;
  • Кетоацидоз (ооруулардын комага түшүп калуусу) болгон бейтаптар;
  • Диабет менен ооруган кары адамдар;
  • Рамазан убагында канты кескин түшүп же көтөрүлүп кеткен ооруулар.

Инсулин алып жаткан жана кантты түшүрө турган таблетка ичип жаткан бейтаптар орозо убагында албетте, өзүнүн дарыгери менен кеңешип эртең мененки жана кечки дарыларын дозасын азайтып жана тактап алуусу зарыл! Орозо убагында да албетте, дарыгердин кɵзɵмɵлүндɵ болуусу керек.

Дагы кайсы ооруларга Орозо кармоого тыйуу салынат:                                

  • Башка адамдын жардамына муктаж болгон оор абалдагы бейтаптар;
  • Жүрөк жетишсиздигине чалдыккан ооруулар (сердечная недостаточности);
  • Инфаркт жана инсультка чалдыккан оор абалдагы бейтаптар;
  • Оор абалдагы гипертония ооруулары;
  • Бөйрөк жана боор жетишсиздигине чалдыккан бейтаптар;
  • Бардык өнөкөт (хроник) ооруулардын кайталаныш (обострения) убагында;
  • Бардык инфекциялык оорууларда;
  • Психикалык ооруулар;
  • Кош бойлуу жана балалуу аялдар;
  • Карылар (70-80ден жогору) жана жаш балдар (15 жашка чейинки).

Жүрөк кан-тамыр, гипертония ж.б. өнөкөт оорулар Орозонун алдында албетте, өзүнүн дарыгери менен кеңешип, ичип жаткан дары-дармектерин убактысын жана дозасын (көбүнчө азайтылат) тактап алуусу катуу сунушталат! Орозо убагында чоң күч сарп кыла турган жумуштардан сактаныңыз, машыктыруучу залдарды (футбол, волейбол, күрөш, баня, сауна ж.б.,) токтотуу да сунушталат. Күндүн ысыган мезгилинде дене дем ала турган пахтадан даярдалган ак же боз кийимдерди кийүү керек болот, башыңарга албетте, жеңил калпак же шапке кийип жүрүңүз. Эртең менен саарлыктан кийин жатып алуу мүмкүн эмес, себеби, жеген тамак кайра кызыл өңгөчкө өтүп ашказан жана кызыл өңгөч ооруларын (гастроэзофагиальная рефлюксная болезнь) пайда кылат. Көпчүлүк адамдар орозо убагында жумуштан эмгек өргүүсүн алышат, бирок, шартка байланыштуу көпчүлүгү орозону жумушта ɵткɵрүшɵт. Ошондуктан, ысык абада сыртта азыраак болууга аракет кылгыла, бейтаптар көпчүлүк убактысын кондиционер бар жерлерде ɵткөрүшсүн. Бирок, шамалдап ооруп калуудан сактануу үчүн кондиционердин астында көп убакытка чейин болуу мүмкүн эмес. Орозо убагында күндүзү саат 14.00дөн – 17.00ге чейинки аралыкта 40-60 минутага чейин уктап эс алуу да пайдалуу.

Орозо убагында кантип жана эмне менен тамактануу керек?

Эртеден кечке чейин ачка жүргɵн адам ооз ачкан убакта (ифтарда) бир отурганда биринен көп тамак жеп алуусу сунушталбайт. Бул ашказан үчүн да, бүт организм үчүн да чоң зыянын тийгизет. Тамакты бул айда канчалык аз жесе организм үчүн ошончо көп пайдасы тийет. Ифтарды суу менен же 3 даана хурма (финик) менен ачкан медицина жактан дагы, пайгамбарыбыздын (с.а.в.) сүннөтү боюнча да сунушталат. Окумуштуулардын айтуусу боюнча хурманын курамында 60-65% чейинки организмге тез сиңүүчү кант (фруктоза) бар экен. Фруктозанын кадимки канттан айырмасы, ал кандагы кантты тезинен кɵтɵрүп жибербейт, 3 даана хурма тамак системасын толугу менен иштей башташына шарт түзөт. Суу, айран, компот жана сүттү көбүрөөк ичүү сунушталат, себеби, суюктуктун суткалык нормасы 2,5-3,0 литрге жакын болуусу зарыл. 15-20 минутадан соң эгер тамак жегиңер келсе биринчи же экинчи тамактан жесе болот, жер-жемиш, салаттардан да ифтар убагында көбүрөөк колдонгула. Аларды саарлыкта (сухурга) жегенге сунушталбайт. Сухурга жумуртка, каша, балык, кургак жер жемиштер, нан сунушталат. Куурулган жана майлуу тамактарды сухурга жеп болбойт, себеби, кечке чейин организм сууну талап кылат. Сухурга көк чай ичкен да жакшы болот. Эгерде кечке чейин суусабай жакшы жүргүңүз келсе бир стакан газдалбаган сууга кичине чай кашыктын төрттөн бир бɵлүгүндɵгү тузду кошуп сухурда ичип алыңыз. Газдалган ичимдиктер, өтө суук жана таттуу ичимдиктер да сунушталбайт. Орозодо суткасына бир жолу жакшы тамактануу зарыл. Бул ифтар убагында болгону жакшы. Себеби, окумуштуулардын изилдөөсүнө таянсак ифтарда жакшы тамактангандан соң 1,5-2 сааттан кийин кандагы канттын көлөмү эң чоң даражага чейин кɵтɵрүлɵт экен, а бул убакыт болсо “таравих” намазына туура келип, ал намазды окуп бүткөн соң жеген тамак да сиңип, канттын кандагы көлөмү да ɵз нормасына келип калуусу лабораториялык жактан такталган. Ошондуктан, мындан 1400 жыл мурда жазылган Орозо, таравих намаздарынын организмге пайдалуулугун окумуштууларыбыз азыркы күндө тастыктап жатышат.

Урматтуу окурмандар, мен бул баянымда Улуу Рамазан айынын бир гана ден-соолукка тийгизген пайда, зыяндарына кыскача токтолуп өттүм. Орозонун мындан башка дагы пайдалуу жактарына кыскача токтолсок, булар:

  • Рамазан айында бизге Ыйык Курандын түшүүсү;
  • Ыйык Куранда айтылган бир гана ай – Рамазан айы;
  • Исламдагы 5 парздын бири;
  • Рамазан айындагы миң күндөн (83 жыл) да улуу болгон “Лайлат ал-Кадр” (“Кадыр түндүн”) кечесинин барлыгы;
  • Аллах Субахана Таала айткан: “Ар бир жакшылык иштер үчүн 10дон 700гө чейин сооп жазам, Орозодон башкасына. Орозону пендем мен үчүн кармайт, ошондуктан, ага канча сооп береримди бир гана өзүм билем”;
  • Жакшылыктардын, сооптордун эсепсиз кабыл болуу айы;
  • Таравих намазын окуп, соопторубузду андан да көбөйтүүчү ай ж.б…

Ниет кылып туткан орозолорубузду Аллах кабыл кылган болсун! Ушул Улуу айларда Кудайымдан тилерибиз Кыргызстаныбызга жакшылыктарды, берекетти, ыйманды, сабырдуулукту, элибизге байлыкты жана ден-соолук берсин. Элибизди башкарган башчыларыбызга Аллахтан адилеттүүлүктү, чындыкты, патриоттукту жана бекем ыйманды тилеп, бата кылабыз.

“Рамазан айы – бул айда адамдарга туура жол болуп, ушул туура жолдун жана жакшы менен жаманды ажыратуучунун ачык далилдери болуп Куран түшүрүлдү. Силерден ким ушул айга күбɵ болсо (туш келсе) Орозо тутсун! Ал (бул айда) бирөө ооруп калып же сапарга чыкса, башка күндөрдө санын толтурсун. Аллах силерге жеңилдикти каалайт, кыйынчылыкты каалабайт… (Ыйык Куран; Бакара сүрɵсү, 185-аят)”.

Абдимиталип Халматов, медицина илимдеринин кандидаты, жогорку категориядагы врач-кардиолог

Булак: “Азия news”

Бишкек мэри шаар тургундарын тазалыкка чакырды

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов шаардыктарды тазалыкка чакырган билдирүүсүн өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында жарыялады.

“Балдарды коргоо күнүн майрадоодон кийин 50 кубметр таштанды борбордук аянтардан жана сейилбактардан чыгарылды. Майрамдын баасы (кадыры) мына ушундай. Эстеликтүү жана салтанаттуу даталарды белгилөө керек. Бул маданий окуя. Мен маданиятты биздин элдин жүрөгүнөн көргүм келет эле – тамекинин калдыгын жана кабыктарды жолдун ортосуна таштабай, таштанды чакаларга ыргытса. А биздин “Тазалыктын” кызматкерлери болсо, таштандыларды полигонго алып кетет эле. «Тазалык», жакынкы убакта шаар көчөлөрүнө орнотулуучу 5600 таштанды контейнерлерин сатып алды. Алардын бир бөлүгү эскирген жана сынгандарды алмаштырат, бирок көп бөлүгү биринчи кезекте талап болуучу жерлерге коюлат. Келгиле, биздин шаарды тазалыкта сактайлы! Бул биздин шаар жана аны сакташ керек”, – дейт калаа башчысы.

Германияда теракт жасоого шектелген сириялыктар камакка алынды

Германияда “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу менен байланышы бар жана Дюссельдорф шаарында ири масштабдуу теракт жасоону пландаштырган деген шек менен үч сириялык жаран камакка алынды.

Салех А. Аттуу алардын төртүнчү шериги 1-февралда Парижде өз ыктыяры менен колго түшүп берген соң, бул кылмыштын алдын алууга мүмкун болду.

А.Салехти суракка алгандан кийин сириялыктарга каршы далилдери топтоо үчүн төрт ай убакыт керектелген. Салех А. азырынча Парижде камакта, Германия аны экстрадициялоого аракет кылууда.

Бул убакка чейин Германияда Бельгия, Франция, Испания жана Улуу Британиядагыдай ири теракттар жасалган эмес. Бирок былтыртан бери бул өлкөгө жүз миңдеген мигрант келип жаткандыктан, ал аялуу абалдагы өлкө катары каралууда.

Максимди тегеректеп жүргөндөрдүн баары эле “гений” эмес

Жаңы түзүлгөн «Энергохолдингдин» жетекчиси Айбек Калиев ишти жөндөп кете албай «эт эмес же чел эмес» бир мажүрөө неме экени барган сайын айдан-ачык көрүнө баштады. Бийлик «Максимдин жанында жүрүптүр, мээси жакшы иштейт» деп ойлосо керек. Тилекке каршы, Максим Бакиевди тегеректеп салпактап жүргөндөрдүн баары акылы ашынган «гений» эмес экенин Калиевдин ымтыраган абалынан билип жатабыз. Мына Калиев Казакстандан 1 кВт саат электр энергиясын 9 тенгеден сатып алып жатат. Россия болсо 5 тенгеден алууда. Мына Айбек Калиевдин кыргызга кылган жакшылыгы. Мамлекеттик деңгээлде сүйлөшүү жүргүзө албагандан кийин эмне отурат? Креслого жармашпай, колунан келбеген иштен алыс болбойбу?!

Булак: “Фабула”

2009-жылга чейин өлкө боюнча 11 681 гектар жерге жеке турак жайлар курулуп калган

2009-жылдын 31-июлуна чейин өлкө аймагындагы жеке турак үйлөр курулуп калган айыл чарба жерлеринин сугат айдоо жер участокторунун жалпы аянты – 11681 гектар. Анда жалпы жонунан 42 миӊ турак жай курулган. Анын ичинде, сугат айдоо жер участокторун которууга мораторий киргизгенге чейин 8317,5 га жер участогун калктуу конуштардын жерлери категориясына которууга чечимдер чыгарылган. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралып жатканда белгилүү болду.

Юстиция министрлигинин берген маалыматына караганда, «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» мыйзам күчүнө киргенге чейин, тагыраак айтканда, 2009-жылдын 31-июлуна чейин курулган жеке турак жайларды легалдаштыруу демилгесин сунушталууда. Ал үчүн “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.

Эгер бул мыйзам долбоору кабыл алынса, Талас облусунда 1 миӊ 503 га жерге курулган 4 миӊ 426 үйдү, Нарын облусунда 1 миӊ 857 га жерге курулган 3 миӊ 974 үй, Исык-Көл облусунда 1 миӊ 814 га жерге курулган 3 миӊ 777 үй, Жалал-Абад облусунда 1 миӊ 582 га жерге курулган 9 миӊ 503 үй, Ош облусунда 1 миӊ 457 га жерге курулган 8 миӊ 205 үй, Баткен облусунда 344 га жерге курулган 1 миӊ 101 үй, Чүй облусунда 3 миӊ 101 га жерге курулган 8 миӊ 455 үй ачыкка чыгарылууга тийиш.

Талкуу жүрүшүндө фракция жетекчиси Иса Өмүркулов Мамэкотехинспекция баарын баш аламан кылып салганына нааразылыгын билдирип, мыйзам кабыл алынса, легалдаша турган жер участкаларынын ээлеринин толук тизмесин кошо тиркелмейинче, мыйзам долбоору колдоого ээ болбой турганын билдирди. Мындай пикирди колдогон бир катар депутаттар мыйзамдаштырыла турган жер участкаларынын ээлеринин арасына олигархтар кирип калса, жерлерди бөлүп сата баштай турганын белгилешти.

Темир Сариевдин кеңешчисине кылмыш иши козголду?

Темир Сариев премьер-министр болуп турганда өзүнө кеңешчи кылып алган «Бишкек парк» соода борборунун ээси, түрк жараны Айдын Мыстачоглуга алдамчылык беренеси боюнча кыл­мыш иши ачылды. Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдиргендей, Айдын Мыстачоглу башка бир түрк компаниясынын акчасын ал­дамчылык жол ме­нен уурдап алгандыгы үчүн айыпталып жатат. Башка кыргыз жок калгансып түрк жаранын өзүнө акыл кошчу кы­лып алганына караганда, Сариевдин «Бишкек парк» соода борборунда оңбогондой үлүшү бар окшобойбу. Болбосо канатына калкаламак тургай жанына жуутпайт эле. Биздин аткаминерлерде такыр ар калбай калды го. Акча десе шайтанга дагы койнун ачышат чиркиндер.

Булак: “Фабула”

 

Фото - Селге аккан наристени издөө иштерине техника тартылды

Баткен облусунун Кадамжай районунда селге аккан 3 жаштагы баланы издөө ишине техника тартылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Узундугу 150 метр, туурасы 200 метрге чейин жеткен сайды куткаруучулар 1 метрден 2 метрге чейин тереңдикте казып, издөө иштерин жүргүшүүдө. 3-июнь күнү издөө иштерине 1 экскаватор жана издөө ити (поисковая собока) тартылган.

Эске салсак, 27-майда саат 15:45 чамасында Ош-Айдаркен унаажолунда “Опел Фронтера” автоунаасы Кадамжай шаарынан Орозбеков айыл аймагына бара жатканда нөшөрлүү жааган жамгырдын кесепетинен пайда болгон сел суулары агызып, автоунаа сел өтүүчү сайга кулап түшкөн. Унаанын ичинде 6 адам болгон, 5 адам каза болуп (2 эркек, 3 аял) 1 жаш бала куткарылып калган.

28-май күнү 2013-жылы туулган, Жороев Элдар Расулбекович ошол автоунаанын ичинде болгон жана ал дайынсыз жоголгон деген маалымат тастыкталдыктан кийин, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун буйругу менен издөө иштерине 83 куткаруучу тартылып, күчөтүлгөн тартипте иш жүргүзүшүүдө.

1 2 3 4 5 6 7 8

Жалал-Абад: 4 жаран “Хизб-ут-Тахрир” уюмунан чыккандыгын билдирди

Кечээ, 2-июнда Жалал-Абад шаарынын 4 тургуну маалымат жыйын өткөрүшүп, “Хизб-ут-Тахрир” экстремисттик уюмунан чыккандыгын билдиришти. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма-сөз кызматынын ага тескөөчүсү Мыктыбек Турдубеков билдирди.

Маалыматка караганда “хизбутчулар” бул уюмдун мыйзамсыз, туура эмес жол экендигин түшүнүп, мындан ары аны колдобостугун жана бул уюмга түшүнбөй кирип алгандарды кайрадан салттуу ислам динине чакыраарын билдиришти.

Жалал-Абад облусунда акыркы убакта бул уюмдан чыккандардын саны арбып баратат. 2015-жылы 7 адам өз эрки менен чыгышса, быйылкы жылдын 5 айында эле 8 адам (Жалал-Абад шаарындагы 4 атуулду кошпогондо) чыккан жана алар каттоодон алынган.

Учурда медреселерде, мечиттерде, окуу жайларда күч кызматкерлери, илимдүү дин кызматкерлеринин жардамында экстремизмди алдын алуу максатында биргеликте жолугушууларды уюштуруп келет.

Качкын Булатов: “Соттор мыйзамдуулукту сактабай, мамлекетти кризиске алып келүүдө”

Сот системасын реформа кылыбыз дегенине бир далай заман өтүп кетти. Соттук териштирүү реформасы болгуча, акыйкат издеп жүрүп өмүрүбүз дагы өтүп баратат. Эми акыйкатты кайдан издейбиз, же Оо дүйнөдөн акыйкат таба алабызбы? Ушул эле бийлик оозду көптүрүп, соттук териштирүүлөр ачык маанайда өтүп, калыстык орнойт дегенден бери башыбызга ак басып калды. Кыпындай реформа болсо ыраазы болоор элек, дейт карапайым жарандар. Ал эми соттор атайын акча алуунун амалын жасап, сандалтканы канча, жалан сотко бара берип тажагандай болдук. Кээ бирде он жылга созулган сот процестерди кезиктирүүгө болот. Сот качан келет деп Ай караган Теке болуп калдык. Деги калыстык кайда? Же ушу кылмышкер соттордун торуна чалынып, Кудайым бир берген өмүрдү ушу кылмышкер, акыйкатсыз, жүзүкара сотторго тагдырыбызды тапшырабызбы. Биз мыйзамдуу мамлекетке жашаганыбыздын бир дагы далили жокко эсе, мындай кырдаалды бир гана Атамбаев чекит коюшу керек, балык башынан сасыбаса болот эле. Акыйкат издеп Ак үйдүн астында өзүн-өзү өртөнгөн аялды унутуп калдыкпы, болбосо көп эле жаран акыйкатка жетпей эле өмүрү менен кош айткан фактылар толуп жатат, же соттор убал сооптон корпойбу?!  Коррупция менен күрөшөбүз деген парламентте отурган депутаттардын колдорунан келбегени ачык эле билинип турбайбы. Эгерде ошол мен акылман деген депутаттын акылы жетсе, эчак эле түз жолго салып коюшмак, тилекке каршы колдорунан пок дагы келбей жатканын 25 жыл өттү. Бир арызды жети жылдан бери сандалткан Чүй облусунун Сокулук районунун соту Керимкулова И.С. өз билемдикке салып, кыянаттык кылууда. Мамлекет кыргыз тилине колдоо көргөзүп жаткан учурда, Керимкулова сот процесин кыргызча алпарып, корутунду орусча чыгарганына таң каларлык эмес. Сотто арызданучу жана жоопкер айылдык кыргыздар, алар орус тилин түшүнбөй кагаздарды орусча алпарып, ашмалтайын чыгарып жатат дейт соттук териштирүүдө катышкандар. Сот Керимкулованын соттук териштирүүсүн токтотуп, башка кыргызча соттук териштирүүнү алпарган сотко бергиле деп өтүнүч менен кайрылсак дагы өжөрлөнүп болбойт, жок шылтоого таянып, соттук ишти алпарууда. Ар жакта жакшы акча күтүп тургансыйт. Же биз орусча тил түшүнбөсөк, куураган көр окаттын айынан акыйкат табабыз деп жер тепкилеп жүргөн кез. Деги укугубузду ким коргойт, билбейбиз. Болбосо 2009 жылдан бери Абилдаев Тыным Жумановна, Жарматов Бакытбек, Токоев А. соттук териштирүүсү 7 жылдан бери бүтпөй койду. Эң кызыктуусу далилдүү документтерди сот Керимкулова жеке кызыкылыгына карап, копия болсо деле карай бергенине таң каласын, бир кызыкчылыгы бар сыяктанат. Болбосо соттук териштирүү убагында ксерекопия документер эч качан каралбайт эмеспи. Соттордун кеңеши, Жогорку Сот, прокуратура ушундай мыйзам бузуларга барган сотторду тартипке салса, коом ыраазы болмок. Же кол ийрисине тартат болуп, бир жактуу иш алпарып, кайра-кайра эле соттордун эшиктерин каккылап жүрө беребизби? Деги акыйкат өзү кайда?

Качкынбек Булатов, укук коргочу

 

Кадамжайда автоунаа дарыяга кулап, айдоочусу дайынсыз болууда

Кадамжай районунун Майдан айылында 3-июнь күнү түнкү саат 01:00 чамасында Дамас жеңил автоунаасы Исфайрам дарыясына түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын  басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда унаанын ичинде 3 адам болгон. Кырсыктан 2 адам тирүү калып, унаанын айдоочусу 1984-жылы туулган Колдош Убайдуллаев дайынсыз болууда.

Издөө иштерине жергиликтүү элдерден 50 адам жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кызылкыя шаарындагы тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары тартылган.

Ноокат районунда 345 адам ажылыкка жолдомо алды

Бүгүн, 3-июнь күнү Ош облусунун Ноокат районунда ажылык сапарына баруучулар ортосунда электрондук чүчүкулак өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмсандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Ажылык сапарына талапкерлердин ортосунда өткөн чүчүкулакта Азирети муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев быйылкы ажылык сапарынын өзгөчөлүктөрү туурасында маалымат берип, ажылык ибадатка ниет кылган жалпы жарандарга ийгилик каалады. Андан соң КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Замир ажы Ракиев ажыга баруучулар ортосунда өткөрүүүчү чүчүкулактын эрежелерин түшүндүрүп, Ноокат району боюнча ажыга баруу ниети менен 689 жаран катталгандыгын жана Ноокат районуна 345 квота бөлүнгөндүгүн билдирди. Мындан сырткары Ноокат районуна бөлүнгөн ажылык квота айыл өкмөттөрдөгү калктын санынын коэфициентине жараша бөлүнгөндүгүн жана бөлүнгөн квотанын санынан катталган талапкерлердин саны ашпаган 9 айыл өкмөттө чүчүкулак өткөрүлбөстөн эле жарандар автоматтык түрдө ажылык сапарага өткөндүгү менен куттуктады. Ал эми бөлүнгөн квотанын санынан талапкерлердин саны көп катталган 7 айыл өкмөт жана Ноокат шаарында чүчүкулак ийгиликтүү өткөрүлүп, бардык тараптар жыйынтыкка ыраазы экендигин билдиришти.

Эскерте кетсек,  Ош облусу боюнча Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа жана Өзгөн районунда 2016-жылы ажыга баруучулардын саны бөлүнгөн квотадан ашпагандыктан чүчүкулак өткөрүлгөн жок. Ал эми ажылыкка катталгандардын саны басымдуулук кылган Кара-Суу, Ноокат жана Араван райондорунда чүчүкулак өткөрүлдү.

Жусуп Абдырахмановдун “1916-жыл. Күндөлүктөр. Сталинге каттар” китебинин бет ачар аземи болду

Кыргыз мамлекетин түптөгөндөрдүн башында туруп, анын түзүлүшүнө жана калыптанышына негиз салган мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахмановдун  “1916-жыл. Күндөлүктөр. Сталинге каттар” китебинин бет ачар аземи болуп өттү.  Китеп Ж.Абрахмановдун өз колу менен жазылган күндөлүктөрүнүн, эл алдында сүйлөгөн сөздөрүнүн топтомунан туруп, буга чейин орус тилинде бир нече жолу басылып чыккан эле.

Китеп өкмөттүн демилгеси менен президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан которулган. Китептин бет ачар аземи Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Э. Эрматов, Улуттук илимдер Академиясынын академиги, профессор А.Какеев, тарых илиминин доктору, профессор И.Болжурова, Ж.Абдрахмановдун кызы Л.Абдрахманова жана башкалардын катышуусунда өттү.

Иш чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн Э.Эрматов Ж.Абдрахмановдун кыргыз эли үчүн, кыргыз тили үчүн кылган эмгеги ат көтөргүс чоң экенин белгилөө менен, аталган китеп жөн гана публицистикалык жанрдагы адабият эмес, тарыхый баалуу мурас экендигин билдирди.

Иш чаранын соңунда толкундануу менен ыраазычылыгын билдирген ЖАбдырахмановдун кызы Ленина Абдрахманова китепти кыргыз тилине которгон Назгүл Осмоновага ак батасын берип, белегин тапшырды.

Кыргызстан менен Башкортостан эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөөдө

Кыргызстан жана Башкортостан эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнү көздөөдө. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Уфада өткөн эки тараптуу жолугушуулар учурунда Башкортостандын башчысы Рустэм Хамитов жана Кыргызстандын вице-премьер-министри Олег Панкратов макулдашты.

Рустэм Хамитов Орусия жана Кыргызстан аймактары ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү жана чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. “Эки өлкө ортосундагы аймак аралык кызматташтыктын келечеги кең, аны эки элдин кызыкчылыгы үчүн максималдуу түрдө пайдалануу зарыл. Башкортостандын кыргыз тарап менен транспорт, машина куруу, айыл чарба, туризм, билим жана маданият тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар”, – деп белгиледи Хамитов.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов Башкортостандын башчысына Уфа шаарында V кыргыз-орус аймак аралык “Евразия интеграциялык процессинин алкагында аймак аралык байланышты өнүктүрүү” жыйынын өткөрүү демилгеси үчүн ыраазычылык билдирди. “Аймактык кызматташтык кыргыз-орус мамилелеринин маанилүү жана ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Менин ишенимимде, эки өлкөнүн аймактары аралык түз байланышты түзүү – Кыргыз Республикасы жана Орусия Федерациясы ортосундагы мамилелерди чыңдоонун натыйжалуу ыкмасы болуп саналат. Биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда бизнес үчүн ылайыктуу пайыздык үстөк менен узак мөөнөттүү насыя берүүчү Кыргыз-Орус Өнүктүрүү фонду натыйжалуу аспап катары чыга алат”, – деп белгиледи ал.

Жолугушуу соңунда Панкратов Хамитовду 2016-жылдын сентябрь айында Ысык-Көл жээгинде өтүүчү Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш салтанатына катышууга чакырды.

Бир катар депутаттар лотерея ишине таптакыр тыюу салууга каршылык билдиришти

Жогорку Кеӊеште депутаттар тобу тарабынан өлкө аймагында лотерея ишине тыюу салуу максатында иштелип чыккан “лотерея ишине тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатканда, өкмөт тираждык лотереяны калтыруу өтүнүчүн билдиргени, демилгечилер ага макул болгону, лотереяны мамлекеттик компаниялар уюштуруп, лотереянын тиражы мамлекеттик ЖМКда жарыялана турганы белгилүү болду.

Бир катар депутаттардын пикиринде, бюджетке каражат түшүрүп жаткан лотерея ишине таптакыр тыюу салбай эле, ири компания түзүү керек же аларды муниципалдык кылуу зарыл. Ошондо лотерея иши жаатындагы мыйзам бузуу жосундарына карата көзөмөл чараларын көрүү оӊой болот. Ал эми Мамфинкөзөмөл башчысы Санжар Мукамбетов лотереялар жабылса мамлекеттик бюджетке 32 млн сом түшпөй, 500 жумушчу орду бош каларын, ошондон улам өкмөт өзү мамлекеттик лотерея компаниясын түзүү аракетин көрүп жатканын билдирди.

Андан сырткары, жогорудагы мыйзамды толуктай турган “Лотереялык ишти жөнгө салуу чөйрөсүндө КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясы да жактырылып, парламенттин кароосуна чыгаруу чечими кабыл алынды.

Белгилей кетек, ИИМ маалыматы боюнча, 2013-жылы 30 жазык иши козголгон, алардын ичинен 26сы сотко жөнөтүлгөн, 4 жазык ишинин өндүрүшү убактылуу токтотулган. 2014-жылы 12 жазык иши козголгон, алардын ичинен алтоосу сотко жөнөтүлгөн, 2 жазык ишинин өндүрүшү убактылуу токтотулган жана 2 жазык иши тергелип жатат.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Ошону менен бирге, мыйзам бузган жактардын жоопкерчилиги каралган “Лотереялык ишти жөнгө салуу чөйрөсүндө мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору да добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Эске салсак, мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Т.Зулпукаров, Б.Жетигенов, А.Артыков, Т.Масабиров, Т.Икрамов.

Түркия Германиядагы элчисин чакыртып алды

Германиянын төмөнкү палатасы  өткөн кылымдын башында армяндардын Осмон империясы тарабынан массалык түрдө кырылышын геноцид катары тааныган символикалык резолюцияны кабыл алган соң, Түркия Берлиндеги элчисин чакыртып алды.

Өткөн кылымдын башында 1,5 миллионго чейинки сандагы армяндардын кырылышын буга чейин кеминде 20дай өлкө геноцид катары тааныган.

Түркия болсо мындай аныктамаларга караманча каршы чыгып, армяндар Осмон империясынын эмес, Биринчи Дүйнөлүк согушка байланышкан толкундоолордун курмандыгы болгонун айтып келет.

Талдоочулар резолюциянын дал азыркы учурда кабыл алынышы Түркия менен Евробиримдик ортосунда качкындар боюнча келишимдин аткарылуусун дагы татаалдаштырышы мүмкүндүгүнө көңүл бурушууда.

Ал эми президент Режеп Тайып Эрдоган атайын тиешелүү билдирүү менен чыгып, Германия парламенти кабыл алган резолюция Түркия менен Германия алакасына олутуу таасир тийгизерин айтты.

Кыргыз өкмөтү министрлик менен мекемелердин санын кыскартат

Кыргыз өкмөтү министрлик менен мекемелердин санын кыскартат. Премьер-министрдин тийиштүү буйругу өкмөттүн расмий сайтында жарыяланды.

Маалыматка ылайык, мындай чечим министрликтердин, административдик мекемелердин жана башка уюмдардын штаттык санын оптималдаштыруу, ошондой эле мамлекеттик аппаратка кеткен чыгымдарды кыскартуу максатында кабыл алынган.

Бул ишти өткөрүү үчүн атайын жумушчу топ түзүлөт. Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин ашыкча орун басарлык кызматтары жоюлат. Азыр өкмөттө 12 министрлик, 2 комитет жана 25 административдик мекеме бар.

Замирбек Көчөрбаев, "Кыргыз чоролору": "Аудиозаписти далил катары кабыл алып оппозиционерлерди камап жаткан бийлик кыргыз кызын булгап жаткан чет элдиктин видеозаписин далил катары кабыл албай жатат"

“Кыргыз чоролору” бирикмесинин лидери Замирбек Көчөрбаев бир күндүк нике үчүн $200 төлөп, кыргыз кыздары менен жыныстык катышка барып жаткан Кувейт мамлекетинин жараны, “Табарак” диний фондунун башчысы Абдулла Фалех Жабир тууралу таркаган видеотасма тууралу төмөнкүдөй билдирүү таратты:
“Эй, кыргыздын жигиттери качан ойгоносуңар? Же койнуңардагы катыныңарга жеткенге чейин күтө турасынарбы? Улуттук намыс, ар деген бизде барбы?
Биздин кыздарыбыздын намысын коргой албаганыбыз, улутубуздун намысын коргой албаганыбыз. Мындай улуттун келечеги күмөн болот. Акылга келели. Курсагыбыздын токтугуна, кийимибиздин бүтүндүгүнө кайыл болуп жүрө бербей балдарыбыздын бактысы үчүн күрөшөлү.
Урматтуу Достор!
Сураныч, ушул “Табарак” фондунун дарегин билсенер кабарлап койгулачы.
Биздин мам. органдар аудио запистерди факты катары кабыл алып бир нече оппозиционерлер темир тор артында жатат. Ал эми акчасы көп чет элдиктерге аудио тургай видео запись факты болуп бербейт тура? Биз Чоролор чечим кабыл алдык. Калганын убакыт көрсөтөт.”
(кыскартуу менен жарыяланды)

Замирбек Көчөрбаев, "Кыргыз чоролору": "Аудиозаписти далил катары кабыл алып оппозиционерлерди камап жаткан бийлик кыргыз кызын булгап жаткан чет элдиктин видеозаписин далил катары кабыл албай жатат"

“Кыргыз чоролору” бирикмесинин лидери Замирбек Көчөрбаев бир күндүк нике үчүн $200 төлөп, кыргыз кыздары менен жыныстык катышка барып жаткан Кувейт мамлекетинин жараны, “Табарак” диний фондунун башчысы Абдулла Фалех Жабир тууралу таркаган видеотасма тууралу төмөнкүдөй билдирүү таратты:
“Эй, кыргыздын жигиттери качан ойгоносуңар? Же койнуңардагы катыныңарга жеткенге чейин күтө турасынарбы? Улуттук намыс, ар деген бизде барбы?
Биздин кыздарыбыздын намысын коргой албаганыбыз, улутубуздун намысын коргой албаганыбыз. Мындай улуттун келечеги күмөн болот. Акылга келели. Курсагыбыздын токтугуна, кийимибиздин бүтүндүгүнө кайыл болуп жүрө бербей балдарыбыздын бактысы үчүн күрөшөлү.
Урматтуу Достор!
Сураныч, ушул “Табарак” фондунун дарегин билсенер кабарлап койгулачы.
Биздин мам. органдар аудио запистерди факты катары кабыл алып бир нече оппозиционерлер темир тор артында жатат. Ал эми акчасы көп чет элдиктерге аудио тургай видео запись факты болуп бербейт тура? Биз Чоролор чечим кабыл алдык. Калганын убакыт көрсөтөт.”
(кыскартуу менен жарыяланды)

Президенттин буйругу менен Кашкар Жунушалиев ички иштер министри болуп дайындалды

Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, Джунушалиев Кашкар Астаканович мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, кечээ, 1-июнда Жогорку Кеңеш ИИМ башчылыгына К.Жунушалиевдин талапкерлигин карап, бир добуштан колдоп беришкен.

В новом кампусе АУЦА состоится встреча с лауреатом Нобелевской премии по экономике Джеймсом Миррлисом

В новом кампусе Американского университета в Центральной Азии (АУЦА) 4 июня состоится встреча с лауреатом Нобелевской премии по экономике Джеймсом Миррлисом. Об этом сообщает пресс-служба АУЦА.
Джеймс Миррлис – лауреат Нобелевской премии по экономике, профессор экономики, писатель, член Шотландского совета экономических консультантов, член Тринити-колледжа Кеймбриджа, основатель одного из колледжей университета Гонконга.
Экономика, по мнению ученого, должна служить на благо странам, а налоговая система – направлена на сокращение имущественного неравенства. Всю жизнь Джеймс Миррлис изучал социальное страхование, налогообложение, экономические стимулы и так называемые моральные риски.
В 60-х годах прошлого века плотно занимался налоговой системой США, а именно теорией подоходного налога.
Он создал теорию оптимального прогрессивного налогообложения по методу, названному его именем – «метод Миррлиса».
В 1996 году Миррлис совместно с другим британцем, Уильямом Викри, получил Нобелевскую премию по экономике за исследования в области налогообложения.

В прокуратуре Белоруссии заявили, что не выдадут Бакиева Киргизии

Белоруссия не выдает своих граждан другим странам, вопрос выдачи киргизским властям бывшего президента этой страны Курманбека Бакиева не стоит, заявил в четверг РИА Новости представитель белорусской прокуратуры.

Киргизский МИД ранее сообщил, что Киргизия вновь подняла вопрос экстрадиции осужденных в республике за тяжкие преступления экс-президента Бакиева и его приближенных, пребывающих в Белоруссии, во время встречи в Бишкеке начальников консульских служб двух стран.

“Курманбек Салиевич Бакиев является гражданином Белоруссии. Беларусь, как это принято мировой практикой, не выдает своих граждан другим странам”, — сказал собеседник агентства.

“Киргизская сторона ранее направляла подобные запросы в нашу страну. Они были рассмотрены и не удовлетворены”, — добавил представитель прокуратуры Белоруссии.

Пребывание в Минске Бакиева и членов его семьи, получивших там убежище после свержения коррумпированного семейного режима во время революции 2010 года, является болезненной темой в отношениях Киргизии и Белоруссии. Киргизские правоохранительные органы неоднократно обращались к своим белорусским коллегам с требованием выдать беглого экс-президента для того, чтобы он предстал перед правосудием на родине.

Ранее Военный суд Бишкекского гарнизона заочно приговорил экс-президента Бакиева и его родного брата Жаныша Бакиева, возглавлявшего службу госохраны, к высшей мере — пожизненному сроку за организацию массового убийства участников митинга на центральной площади Бишкека в апреле 2010 года, когда 77 человек были убиты и свыше 300 получили ранения. Бакиев также признан причастным к организации двух заказных убийств. Экс-президент, члены его семьи и приближенные объявлены в международный розыск.

Источник: ria.ru

Стабильные цены на продовольствие, снижение глобальных импортных расходов на продукты питания

Индекс продовольственных цен ФАО слегка поднялся в мае, запасы находятся на высоком уровне.

2 июня 2016 года, Рим Мировые продовольственные рынки будут находиться в стабильном состоянии на протяжении следующего года, учитывая твердые прогнозы по производству и наличие обильных запасов, что свидетельствует о стабильности цен и предложения в целом, заявила сегодня ФАО.

Снижение продовольственных цен по сравнению с прошлым годом означает, что общие расходы на импорт продуктов питания в мире могут упасть до 986 млрд долл США в этом году – впервые они будут на уровне ниже 1 трлн долл США с 2009 года, даже несмотря на увеличение товарооборота, говорится в докладе «Продовольственный прогноз», публикуемый два раза в год.  

Производство пшеницы в 2016 году будет опережать спрос на протяжении четвертого года подряд, что приведет к увеличению запасов самого важного вида зерновых в мире до 15-летнего максимума, при этом наибольший рост ожидается в Китае и США.

Общее потребление пшеницы снизится незначительно, поскольку все больше фермеров в мире переключаются на производство кукурузы, чтобы прокормить свой скот. Это становится все более популярным вариантом в Китае, где решение правительства снизить запасы кукурузы, могут привести к увеличению потребления этого фуражного зерна. Этот шаг Китая может оказать существенное влияние на международные рынки, что приведет к резкому снижению спроса на ячмень и сорго. Сокращение международной торговли может привести к усилению конкуренции среди крупных экспортеров, сообщает ФАО.

Решение о продаже государственных запасов может также повлиять на цены на рис, которые начали стабилизироваться в конце 2015 года после продолжительного спада и уже восстановились к маю. Цены на молочную продукцию будут оставаться слабыми, что может привести к снижению производства, в то время как цены на рыбу будут сбалансированными благодаря обильному производству в секторе аквакультуры. Производство мяса в целом, как ожидается, будет стабильным, производство мяса птицы – в основном на экспорт – по прогнозам будет расти.

Давление на цены в сторону повышения будет актуальным для растительных масел, поскольку объем производства сои в Южной Америке и пальмового масла в Юго-Восточной Азии понесли серьезные потери в результате Эль-Ниньо и прогнозы по производству ухудшились. Мировое производство пальмового масла, как ожидается, сократится впервые за 18 лет, сообщает ФАО.

Индекс продовольственных цен вырос в мае под влиянием роста цен на сахар

Также сегодня вышел обновленный Индекс продовольственных цен ФАО, который растет уже четвертый месяц подряд, увеличившись в мае на 2,1% по сравнению со своим апрельским значением до 155,8 пунктов, но он все еще находится на 7% ниже уровня, зафиксированного год назад.

Цены выросли по всем группам товаров, входящим в индекс – средневзвешенный показатель, который отслеживает цены на пять основных групп продовольственных товаров на международных рынках: зерновые, мясо, молочные продукты, растительные масла и сахар – за исключением растительных масел, цены на которые слегка снизились после сильного скачка в апреле.

Индекс цен ФАО на сахар, ставший основной причиной увеличения общего индекса, поднялся на 11,7%  по сравнению с предыдущим месяцем, поскольку ухудшение перспектив производства в Индии, втором крупнейшем в мире производителем сахара, перевесили небывалый урожай и обильное экспортное предложение со стороны ведущего производителя сахара Бразилии.

Индекс цен на зерно ФАО вырос на 1,6% по сравнению с апрельским значением в результате резкого роста цен на кукурузу, а также твердых котировок на рис сортов “индика” и ароматические сорта риса.

Индекс цен ФАО на мясо вырос на 2%, что было вызвано активным импортным спросом на свинину со стороны стран Азии из Европейского союза. Индекс цен на молочные продукты ФАО, который сейчас на 24% процента ниже уровня, зафиксированного год назад, также показал 0,4-процентный рост благодаря росту цен в ЕС и устойчивому импортному спросу на сухое цельное молоко и сливочное масло.

Индекс цен ФАО на растительные масла снизился на 1,8% в результате падения цен на пальмовое масло после трех месяцев резкого роста. Спрос на импорт для оплота пищевой промышленности был слабее, чем ожидалось, в Китае, Индии и ЕС.

ФАО поднимает свои прогнозы по мировому производству пшеницы и кукурузы

ФАО повысила свой прогноз по мировому производству зерновых в 2016 году до 2 543 млн тонн, что всего на 0,7% ниже рекордного уровня 2014 года. Новая цифра по производству, опубликованная сегодня в обновленной Сводке предложения зерновых и спроса на зерновые, на 17 млн тонн выше, чем сообщалось в мае, что отражает пересмотр прогнозов по производству пшеницы и кукурузы в основных странах-производителях.

Мировое потребление зерновых, тем временем, как ожидается, составит 2 546 млн тонн за маркетинговый год –  пересмотр в сторону незначительного понижения по сравнению с майским прогнозом.

В то же время, прогноз мировых запасов зерновых был увеличен до 642 млн тонн, что почти на два миллиона тонн ниже по сравнению с их рекордным уровнем. Это было обусловлено историческим пересмотром запасов пшеницы Китая.

Объем мировой торговли зерновыми, по прогнозам, снизится на 1,9% по сравнению с предыдущим годом до 369 млн тонн. Сокращение, скорее всего, приведет к усилению конкуренции за долю на рынке среди крупных экспортеров – фактор, который может удержать международные цены в узде, заявила ФАО.

Ольга Гребенникова, Консультант по связям Общественностью Продовольственной и сельскохозяйственной организации ООН (ФАО) в Центральной Азии

Директор Госагентства по спорту Шейшенкул Бакиров написал заявление об уходе по собственному желанию

Директор Госагентства по делам молодежи, физической культуре и спорту КР Шейшенкул Бакиров написал заявление от уходе по собственному желанию. Об этом сообщает пресс-служба ведомства.

Ш.Бакиров написал заявление по собственному желанию и попрощался с коллективом госагенства 31 мая.

Киргизия сама будет пробиваться на "свободный" рынок ЕАЭС

Киргизия решила сама и на свои деньги строить биолаборатории, чтобы разморозить поставки своей продукции в страны Евразийского экономического союза (ЕАЭС). Сейчас в республике лишь две организации – в Бишкеке и Оше, способные сертифицировать продукцию в соответствии со стандартами интеграционного объединения. Экспортеры, желающие отправить мясо, молоко, овощи и фрукты в ЕАЭС, вынуждены порой преодолевать сотни километров, чтобы получить необходимую документацию.

Первые два объекта модернизировались на деньги России. Строительство дополнительных лабораторий Киргизия надеялась оплатить из средств казахстанского гранта, но пока деньги в страну не поступили. Чтобы облегчить жизнь своим экспортерам, киргизские власти решили не ждать и вложить в проект собственные средства. На постройку еще пяти биолабораторий, по одной в каждом из областных центров, планируется изыскать около 46 млн долл.

Экспорт сельскохозяйственной продукции является одним из основных источников прибыли для большей части сельского населения республики. Вступление в ЕАЭС должно было помочь серьезно нарастить объемы поставок киргизского молока, мяса, фруктов и овощей в Россию и иные страны ЕАЭС. На практике получилось несколько иначе.

Объемы экспорта действительно увеличились – по некоторым позициям в десятки раз, однако не настолько, как этого хотели бы местные фермеры и скотоводы. Далеко не вся киргизская продукция оказалась необходимого качества. Мелкотоварное производство, отсутствие современной техники и технологий, сложная санитарно-эпидемиологическая обстановка, острая нехватка квалифицированных агрономов, разгромленная за 25 лет система ветеринарии – все это привело к тому, что значительная часть продуктов питания не могла пройти сертификацию. Помимо этого свою роль сыграли препоны, чинимые на границе контролирующими органами. Несмотря на вступление в ЕАЭС, киргизские экспортеры по-прежнему жалуются на поборы на границах, а также попытки казахстанских властей воспрепятствовать поступлению киргизского экспорта.

Одним из наиболее больных вопросов сейчас является недавно введенный Астаной запрет на поставки из Киргизии картофеля. 4 мая казахстанские чиновники закрыли границу для киргизских корнеплодов, указывая на то, что с начала года в Казахстане было выявлено 79 случаев ввоза из Киргизии картофеля, зараженного карантинной золотистой нематодой. Астана обвинила Бишкек в непринятии мер. Киргизские власти обвинили Казахстан в протекционизме и пообещали, что «вопрос о ввозе картофеля в Казахстан из Киргизии скоро решится». Спустя три недели ситуация оставалась прежней.

По-прежнему неясным остается вопрос о снятии с киргизско-казахской границы ветеринарных постов. Теоретически после вхождения Киргизии в ЕАЭС посты должны были быть убраны, однако, ссылаясь на неутешительное состояние киргизской сельхозпродукции и системы сертификации, в ЕАЭС решили сохранить посты ветконтроля. Планировалось, что до августа 2016 года Бишкек наведет порядок и их уберут, однако сейчас местные чиновники говорят о том, что могут не успеть выполнить весь объем необходимых работ.

Программа реиндустриализации в Киргизии, которую планировалось начать при вступлении в ЕАЭС, если и реализуется, то слабо. Ключевым элементом, необходимым для создания производства, является доступ к стабильным поставкам дешевой электроэнергии. Сейчас Киргизия испытывает дефицит энергии, и в ближайшее время, судя по всему, он сохранится.

В январе 2016 года по инициативе киргизской стороны прекращена реализация киргизско-российского проекта по постройке Верхненарынского каскада ГЭС общей мощностью в 237 МВт. Инвесторы из Китая, Турции или иных стран, желающие вложить несколько миллиардов долларов в проект, вопреки обещаниям чиновников, так и не появились.

В марте этого года киргизские чиновники рассказали, что чешские бизнесмены готовы вложить 190 млн долл. в строительство 15 малых ГЭС суммарной мощностью в 158 МВт. Увы, в конце мая Министерство экономики Киргизии сообщило, что Чехия строить малые ГЭС в Киргизии не будет. Оказалось, что местные власти по неизвестным причинам приостановили подписание инвестиционного соглашения. Проект вынесен на конкурс.

Теперь киргизские власти надеются, что в строительство малых и средних ГЭС согласятся вложить деньги инвесторы из Южной Кореи и Турции. Для первых киргизские власти провели в Сеуле семинар об инвестиционных возможностях республики. Вторых накануне, 31 мая, уговаривал спикер киргизского парламента Чыныбая Турсунбеков. Его аргументы общественности не известны.

Примечательно, что в обоих случаях о конкретике речь не идет. Информация об интересе к вложению средств в киргизскую энергетику поступает исключительно от киргизских пресс-служб, потенциальные инвесторы, равно как и условия возможного сотрудничества, пока не названы.

Источник: ng.ru

Бишкектеги БААУда экономика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Джеймс Миррлис менен жолугушуу болот

Бишкекте, 4-июнда Борбордук Азиядагы Америка университетинин жаңы кампусунда экономика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Джеймс Миррлис менен жолугушуу болуп өтөт. Бул тууралу БААУнун басма сөз кызматы билдирди.
Джеймс Миррлис – экономика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты, экономиканын профессору, жазуучу, экономика боюнча консультанттардын Шотландиялык кеңешинин мүчөсү, Кембридждин Тринити-колледжинин мүчөсү, Гонконг университетинин колледждеринин биринин негиздөөчүсү катары белгилүү.
Окумуштуунун ою боюнча экономика өлкөлөрдүн бакубаттуу болушу үчүн кызмат кылыш керек, ал эми салык системасы – жарандардын байлыктарынын теңсиздигин кыскартууга багытталыш керек. Джеймс Миррлис өмүр бою социалдык камсыздандырууну, салык системасын, экономикалык кызыктырууну жана моралдык тобокелчиликтерди иликтеген.
Өткөн кылымдын 60-жылдарында ал АКШнын салык системасы, анын ичинен киреше салыгы боюнча тыгыз шугулданган.
Джеймс Миррлис анын аты менен аталган “метод Миррлиса” – оптималдуу прогрессивдүү салык методу боюнча теорияны түзгөн.
1996-жылы Миррлис британдык окумуштуу Уильям Викри менен бирге салык системасындагы изилдөөлөрү үчүн экономика боюнча Нобель сыйлыгына татыктуу болушкан.
Булак: Кyrgyztoday.kg

Замирбек Көчөрбаев, "Кыргыз чоролору": "Аудиозаписти далил катары кабыл алып оппозиционерлерди камап жаткан бийлик кыргыз кызын булгап жаткан чет элдиктин видеозаписин далил катары кабыл албай жатат"

“Кыргыз чоролору” бирикмесинин лидери Замирбек Көчөрбаев бир күндүк нике үчүн $200 төлөп, кыргыз кыздары менен жыныстык катышка барып жаткан Кувейт мамлекетинин жараны, “Табарак” диний фондунун башчысы Абдулла Фалех Жабир тууралу таркаган видеотасма тууралу төмөнкүдөй билдирүү таратты:
“Эй, кыргыздын жигиттери качан ойгоносуңар? Же койнуңардагы катыныңарга жеткенге чейин күтө турасынарбы? Улуттук намыс, ар деген бизде барбы?
Биздин кыздарыбыздын намысын коргой албаганыбыз, улутубуздун намысын коргой албаганыбыз. Мындай улуттун келечеги күмөн болот. Акылга келели. Курсагыбыздын токтугуна, кийимибиздин бүтүндүгүнө кайыл болуп жүрө бербей балдарыбыздын бактысы үчүн күрөшөлү.
Урматтуу Достор!
Сураныч, ушул “Табарак” фондунун дарегин билсенер кабарлап койгулачы.
Биздин мам. органдар аудио запистерди факты катары кабыл алып бир нече оппозиционерлер темир тор артында жатат. Ал эми акчасы көп чет элдиктерге аудио тургай видео запись факты болуп бербейт тура? Биз Чоролор чечим кабыл алдык. Калганын убакыт көрсөтөт.”
(кыскартуу менен жарыяланды)

ИИМ: 6-7-8-июнь күндөрү Бишкектин айрым көчөлөрүндө чектөө киргизилет

6-7-8-июнь күндөрү Көз каранды эмес мамлекеттердин кызматташтыгынын өкмөт башчыларынын кеңешин кезектеги отурумун өткөрүү учурунда борбордогу айрым көчөлөрдө чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда иш-чара өткөрүү учурунда “Манас” аэропортунан Бишкек шаарына чейинки унаа жолу, Жибек Жолу, Ю.Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине чейинки жол, Жибек Жолунан Мамлекеттик резиденцияга чейинки жол, Байтик Баатыр көчөсүнөн А.Орозбеков көчөсүнө чейинки жол, Ч.Айтматов проспектисинен Мамлекеттик резиденцияга чейинки жол, А.Масалиев көчөсүнөн Ч.Айтматов көчөсүнө чейинки жол, Ч.Айтматов проспектисинен Сухе-Батор көчөсүнө чейинки жолдорго чектөө киргизилет.
Маанилүү иш-чаралардын өтүп жаткандыгына байланыштуу ички иштер министрлигинин патрулдук милициясы шаар тургундары жана коноктору түшүнүү менен карашын суранат. Ошондой эле айдоочулардын жолго чыгуу планын чектөөнү өтүнөт.

“Ата Мекен” партиясынын съезди дагы өтпөй калды

2015-жылдын күзүндөгү парламенттик шайлоодо ачылып (башталып), ушу кезге чейин жабылбай (бүтпөй) келе жаткан «Ата Мекен» партиясынын съезди тууралуу ЖМКларда далай ирет сөз болгон. Бул иш-чараны өткөрбөй чоюп келе жаткан Өмүрбек Текебаевди сындаган «атамекенчилер» «капчыктуулар менен саясый сойкуларга кошулуп, партиялаштарын сатып кеткен неме, талоонго калуудан коркуп, бети чыдабай качып атат» деген кине тагып келатканы, атургай, «лидерсиз эле съезд өткөзөбүз» деп жулунуп чыгышканы эмнеси?

Эски «атамекенчи» Туратбек Мадылбековдун айтымында, өз алдынча май айынын аягында съезд өткөрүүнү пландап жаткан демилгелүү топтун планы бузулуп, өтпөй турган болуптур. Депутат Алманбет Шыкмаматовдун «Алардын съезди легитимсиз болот» деген пикиринен кийин демилгечилердин демдери сууп, ойлорунан кайта баштагандай.

Бирок, кандай деген күндө деле, партиялык иштер каралбай, съезди жарым жылдан ашык жабылбай турганы бетке чиркөө болуп туру. Бул жагдай аброй алып келбесин түшүнгөн партия лидери да айласы куруп, маселени бир жаңсыл кылуу жагынан эки көзү терт. Ушундай кырдаалдан чыгаруунун жолун тапкан, эски «атамекенчилердин» бири укмуштуудай план сунуштаптыр! Эч кимге, айрыкча, беттен алчуларга билдирбей, чакан топ менен Бишкектен сырткары (Миң-Кушта) жерде съезд өткөзө коюп, чуулгандуу ишин жаба салуу боюнча… Таппасаң сыйпалап калгырдыкы! Кызык. Эмнеси бар экен? Илгери Ленин деле РСДРПнын съездин 10-15 адам менен Лондондон өткөрбөдү беле? Кандай айырма, айыбы жабылса болду да…

Булак: “Азия news

Бишкектеги банктарда өрт коопсуздугунун эрежелери бузулганы аныкталды

Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекциянын өрт көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан банктардын өрт коопсуздугу боюнча пландуу текшерүүлөр жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда Бишкек шаарында жайгашкан 3 банк текшерилип мыйзам бузуулар аныкталды. «Аманбанкта» 9 мыйзам бузуулар аныкталып, анын ичинен 5 өрт коопсуздугунун эрежелери бузулган. «БТА Банкта» 9 өрт коопсуздугу боюнча эрежелер бузулса, «Оптима Банкта» 6 өрт коопсуздугу боюнча эрежелер бузулган.
Баардык аныкталган өрт коопсуздугу боюнча талаптарын аткарууга көрсөтмөлөр берилди.

Эдил Байсалов: “Сот реформасынын фиаскосуна Атамбаев эмес Роза Отунбаева жоопкер. Атамбаев азыр кимди каматып, кимге көз жумуп коёрду өзү билет...”

Эки күн мурун бир гезиттин суроолоруна жооп бергем. Жоопторум редакцияга же кожоюндарына жакпай калганбы, айтоор цензураланып чыгарылыптыр. Мына эмесе толук варианты.
Данияр Нарымбаев менен бирге күнөөлөнүп, камакка алынган Коркмазов камактан чыгарылды, ошол эле Нариман Түлеев дагы акталды, коррупцияга болгон күрөш тескери кеткен жокпу?
– Коррупция менен күрөшөм деп жатып, президент Атамбаев мамлекеттик бийликти талкалады. Бир дагы жаңы завод курулбай, чечкиндүү кадамдар жасалбай, баардык жетекчилер жоопкерчилик алуудан баш тартканына беш жыл болду. Атамбаев баардык бийликти эң коррупцияланган күч органдарына берип койду. Тазалыкты эң кир, Акаев, Бакиевдердин доорунда деградацияланган структуралары орнотот имиш. Майрам Дүйшөновна апченин сүйүктүү үкасына, Оксана Малеваннаянын шакирттерине мамлекетти тазалоо ишин тапшырган президент мырза аман эле болсун.
Ошолордун жана өзүнүн “нукерлеринин (жөкөр) сөзүнө ишенип, мына Нарымбаевди да каматты. Ал күнөлүүбү, күнөөсүзбү аныктала элек учурда эле Атамбаев өзү былтыр жайында «мен каматпай деле коё алмакмын» деп айтып чыкпадыбы? Көрсө, бизде мурункудай эле президент мырза кимди каматып, кимге көз жумуп коёрду өзү билет экен да. Анда азыркы бийликтин байма-бай сындап келген мурункулардан айырмасы кайсы? Өнүккөн өлкөлөрдө мындай соттун, прокуратуранын ишине кийлигишүү үчүн президентке заматта импичмент жарыяланмак. Бизде болсо баардыгыбыз билип туруп, унчукпайбыз.
Менимче, Нарымбаевди шефинен алыстаткан, анын таасирине кызганган, эми аягында каматып, таш-талканын чыгарган шоопур тарап экени башынан белгилүү болгон. Былтыр Нарымбаев так Атамбаевдин кызыкчылыгында, баардык фракция жетекчилерди көндүрүп, коомдук пикирди буруп, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол ачкан. Өзгөчө ошол учурда Текебаевди көндүрүү кыйын болчу. Конституциянын автору, азыркы доордун эң чоң мамлекет ишмери катары ал киши каршы туруп алганда, Конституциялык реформага жол берилмек эмес. Бирок ошол Текебаевти көндүргөн так Нарымбаев болгон. Мен ошондо Өмүрбек Чиркешевич макул болгонуна аябай таң калгам. “Кантип, 2020-жылга чейин өзгөртүлбөс статьяларды «оңдоп коёлук» деп демилгечи болуп чыкканы кызык болдгон. Бул ал кишиге оңой турган жок, бирок ошого барган! Баардыгы даяр болуп калганда, Атамбаев чалкасынан кетип, бир заматта айнып, кайра ошол Текебаев менен Куловдорду клоун (маскарапоз) кылып көрсөтүп койду. Нарымбаев бир жылдык иши, саясаттагы авторитети текке кеткенин көрүп, Атамбаевге барып отставкага кетерин билдирген. Мен билишимче, “эмне кыласың кеткенде?” деген суроого “Ата-Мекендин” тизмесине кирем” деп койгонуна Атамбаевтин каны кайнап, эки күндөн кийин Нарымбаев камалган. Баардыгыбыз көргөндөй Нарымбаев түздөн түз акча алганы далилденбесе дагы, аны күтпөстөн, шашылыш буйрук менен президент каарын төктү. Албетте, азыр Текебаев ага жан тартат, тартпагандачы! Бирок, кайра эле мен айткандай, Текебаевдей дөөнүн сөзү азыр өтпөй, Атамбаевдин деле жөкөрлөрү эмес, мекенибизде Бакиевтин туугандары дайындап кеткен, кечеги зонтик карматкан Бишкек прокурормун деген көпкөн акмактардын колунда бийлик турат. Мына 7-апрелдин, Атамбаевдин доорунун жыйынтыгы жанагы Бишкектин прокурорунда!
Сот реформасын баштаганда 2011-жылы мен толугу менен 100% жаңы жана жаш, бузулбаган чынчыл адамдарды сот кылып дайындоону ал кездеги президент Роза Исаковнага сунуштагам,. Жогорку Сотко кана жана аппелляциялык сотторго эң авториттеттүү, тажрыйбалуу беш-алты судьяларды дайындаш керек дегем. Калгандарын 100% тазалашыбыз керек. Ошондо гана, мекенибизде сотторго, сот адилеттүүлүгүнө элдин ишеними кайтмак. Мен Саакашвилиге да кайрылып, Роза Исаковнага сотторду ошол гана жол менен оңдоо мүмкүн экендигин түшүндүрүп бериңиз деп айттыргам. Ал киши Нью-Йоркто БУУнун жыйыны учурунда кенен айтып берген. Азыр жер-жерлерде сот реформасынын фиаскосу Атамбаевдин жыйынтыгы деп жүрөт. Жок, бул жерде жоопкерчилик так Отунбаевада. Реформаларды туура эмес түзүп, орто жерде келдибековчу Жогорку Кеңешке демилгени алдырып ийип, комиссия курамы толугу менен жийиркеничтүү паракорлордон түзүлгөнү – так Отунбаеванын көзөмөлүндө өттү. Анан дагы, ошону көрүп, оңдоонун ордуна, бул Жогорку Сот судьясынын кызы, башка судьянын аяш атасынын кызын Жогорку Сотко төрайым кылып дайындаган. Анан ойгонуп кеткенсип өзү телешоу уюштуруп, судьялыкка кандидаттардан экзамен алганычы. Ошолорго катуу сөз айтканы менен, баары бир алардын баардыгы дайындалды аягында. Мындай болорун мен билгем.
Мени укканда болмок деген сөздү азыр айтпаганда, мен качан айтам?! Мына дагы бир жолу 7-апрелдин шейиттери мурунку коррупционер-соттор кайра 50-100 миң доллар пара беришип, отурган жерлеринен өйдөлөнүп дайындалгандары 100% Отунбаеванын мурасы. Бул тармакта жарым-жартылай чаралар эч качан жыйынтык бербейт. “Бир карын майды бир кумалак чиритет”! Толугу менен алмаштырып, тазалаш керек!
Билим берүү министри Эльвира Сариеванын ишине дагы нааразы болгондор арбый баштады, Сариеванын иш аракетине кандай баа бересиз?
– Эльвира Сариеваны мен жакын тааныйм. Ал киши эмне жерден вице-премьер министр болуп дайындалып калганы өзүнө белгисиз! Бирок Талиева менен Кудайбердиевалар дайындалып жатканда, Сариева эмне учун дайындалбасын. Сөз жеке эле Элвирада эмес. Биз өткөндө отуруп алып, өкмөт мүчөлөрүнүн бирөөсүн да атай албай койдук. Азыркылар кечирип коюшсун, өкмөттө белгилүү, жолу улуу адамдар жок! Министрлер кабинети саясий ишмерлерден турушу керек! Бул баардык жерде ошондой. Балким монархияларда жана авторитардык мамлекеттерде кана диктатор күчүнө таянып каалаганын кое берет. Мына ошондо достор жалгыз Мелис Турганбаевди эстешти эле, мына бүгүн аны да алып тышташты. Губернаторлорду болсо менин досторум эмес, мендей профессионалдуу саясатчылар, бирин да тааныбайбыз, ал ким, каяктан келген, көз караштары кандай экенин эмес, жада калса өңүнөн таанып, атын да билбейбиз! Берки Статкомитетке жакында Атамбаев Өзгөндөгү МАИлерди сөгүп, абдан төмөнкү деңгээли менен аты чыккан адамды дайындады.
Эмне дейбиз? Кээ бир учурларда ушундай маселелерге сын айтсаң, сенин ичин күйөт дешет! Албетте, күйөт! Күйбөй коймок беле! Мени дайындабай эле койсун, Атамбаевдин шоопуруна мен кызмат кыла албайм! Бирок канчалаган компетенттүү-тажырыйбалуу, мекенибизди гүлдөтчү адамдар азыр бош жатышат! Эмне ошолорду ишке тартпайт президент???
Учурда парламент депутаттары кандай иштеп жатат, депутаттарга кандай баа бермексиз?
– Депутаттарга сөз жок! Мамлекеттин өнүгүүнүн приоритеттерин бийлике келген партия так жана ачык жарыялаш керек эле. Анан Социал-демократтар программасыз эле шайланып келсе, баардык суроолорго «биз президенттин туруктуу өнүгүү программасын колдойбуз, ишке ашырабыз» деген сөздөн башка сөз айта алышпайт. Ал программа делген чийки документ 2013-жылы эчактан эскиргени менен иштери жок! Ошондон анан күнүго биздин парламентибиз «акылдуусунган» эткен кеңешчи сөөрөйгө айланып, микрофон алган депутаттар күнүгө «мындай кылышыбыз керек, андай, бул жерди карап койгула» дегендендеринен өздөрү кантип уялышпайт, таң каласын? Кыргызстандын кайсы бурчу болбосун, бир айылдын капысынан тандалган 120 тургуну менимче биздин депутаттарыбыздын деңгээлинен ашат болушу керек деп ойлоп калган күндөр көп! Негизинен, жеке депутаттарда айып жок, аракет кылып келетышат, кеп регламентте жана парламенттик салттарыбыз «парламенттин башкарууну» натуура түшүнүп алганыбызда. Буюрса эми, бул көч бара бара түзөлөт деген ишенимдемин.
Бекболот Талгарбеков баштаган «Элдик парламентке кандай баа бересиз?
– Талгарбеков мырза таарынбайт мага, бирок мен башында эле айткам, баардык сөзү туура айтылды, бирок «чет элдик генералдардын» колдоосуна ээмин дегени түздөн түз чыккынчылык! Кыргыздын тагдырын кыргыз эли чечет! Конституцияда көрсөтүлгөн шайлоо жолу менен! Чет элдик генералдар болобу, президент-олигархтарыбы – биздин ишке аралашпасын, алардын пикирине кыргыз эли муктаж эмес! Өз жерибизде өзубуз эгемен элибиз чечим кабыл алышы керек!
Эдил Байсаловдун Фейсбуктагы баракчасынан алынды

Президенттин жарлыгы менен 206 адам кыргыз жарандыгынан чыгарылды

Алмазбек Атамбаев бүгүн Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыктан чыгаруу жөнүндө жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык 624 адам Кыргызстандын жарандыгына кабыл алынды, алардын басымдуу бөлүгү Өзбекстан менен Тажикстандан тарыхий мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Дагы бир жарлык менен 206 адам кыргыз жарандыгынан чыгарылды.

Ала-Арча көрүстөнүндө Исхак Раззаковду эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү

Бүгүн, 2-июнда коомдук жана мамлекеттик ишмер, кыргыз элинин улуу инсаны Исхак Раззаковдун сөөгү Кыргызстанга алынып келинип, кайрадан жерге берилген күн. Бул күндүн урматына И.Раззаков атындагы коомдук фонд “Ала-Арча” көрүстөнүндө эскерүү иш-чарасын уюштурду. Иш-чарага Исхак Раззаковду урматтаган замандаштары, аксакалдар, туугандары, президенттин кеңешчиси И.Илмиянов жана фонддун мүчөлөрү, активист жаштар катышып, маркумга арнап куран окулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө И.Раззаков тууралуу замандаштарынын эскерүүлөрү, жаш муундардын ой-пикирлери жана И.Раззаковдун орноктуу өмүр жолун жаңы муундарга таанытуу максатында бир катар сунуштар айтылды.

И.Раззаков атындагы республикалык коомдук фондунун аткаруучу директору Авазбек Гапыров фонддун жасаган иштери жана алдыдагы максаттары тууралуу маалымат берди. Аталган фонддун төрагасынын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу, жобого ылайык фонддун төрагалыгына Замирбек Осмонов жыйындын катышуучулары тарабынан бир добуштан шайланды.

Замирбек Осмонов буга чейин да Исхак Раззаковго арналган иш-чараларга ар тараптуу колдоо көрсөтүп келген. Учурда Салык кызматынын төрагасы.

Атамбаев АКШ Конгрессинин өкүлдөрү менен жолугушту

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2-июнда Америка Кошмо Штаттарынын Конгрессинин өкүлдөр палатасынын “Демократия үчүн өнөктөштүк” комиссиясынын төрагасы, конгрессчи Питер Роскан башчылык кылган топ менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда кыргыз-америка парламенттер аралык кызматташтыгынын маселелери талкууланды.
Кыргызстан парламентинин ишмердигин мындан ары жакшыртуу жана анын ролун арттыруу, ошондой эле өлкөдө демократияны чыңдоо үчүн Жогорку Кеңеш менен АКШ Конгрессинин ортосундагы өз ара аракеттешүүнү активдештирүүнүн маанилүү экендиги белгиленди.

Болоткан Курманов саясатты коё туруп, карызын кутулуп алса...

Аз убакыт мурун Чүй облусунун экс-губер­натору Болоткан Кумаровго таандык үйдүн электр-энергиясына болгон карызы ай-асманды чапчып, мамлекетке келтирилген ка­рызы 40 миң сомдон кем эмес экендиги каңкууланды. Эми элестете бергиле, бай-бачадай жашоо образын кечирген Кумаров бир заматта жардынын образын жаратып, мамлекетке болгон карызын төлөбөй, догурунуп жатканы кандай? Эгерде Кумаровдун ордунда карапайым элден бирөө болгондо, электриктер баса калып, светин кыркып, сотко сүйрөй чуркашмак. Эсиңерде болсо, узаган кышта Кочкор районундагы карапайым тургундун электрге болгон арзыбаган ка­рызы үчүн райондун электриктери светин кыйып, баса беришкенде адилетсиздикке чыдабай, үй ээси жүрөгү кармап, дароо жан берген. Бу Болоткан аксакал эл көзүндөгү инсан болгон соң, «Элдик парламентке» мүчө болуп, саясатка аттанганды коюп, алгач карызынан кутулбайбы? Өткөн айда келин алган тоюнан деле калтасы конвертке толуп, дүр-дүнүйөгө көмүлүп кала жаздады го? Мамлекетке болгон карызын желкесинен сүйрөп келип кустурганга биздин күч орган өкүлдөрүнүн дараметтери жетишпей жатабы?..

Булак: “Азия news

Тажикстанда диний партиянын жетекчилери өмүр бою эркинен ажыратылды

Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын төрагасынын орун басарлары – Саидумар Хусайни жана Мухаммадали Хайит бүгүн Жогорку Соттун чечими менен өмүр бою эркинен ажыратылды.

Диний партиянын жогорку макамдагы мүчөлөрүнө Тажикстандын мурдагы коргоо министри, генерал Абдухалим Назарзода уюштурган козголоңго тиешеси бар деген олуттуу айып дагы тагылган.

Айыптоочу 11-майдагы соттун отурумунда партиянын беш мүчөсү – Саидумар Хусайни, Мухаммадали Хайит, Киёмиддин Авазов, Абдукаххор Давлат жана Рахматуллох Раджабды өмүр бою эркинен ажыратууну сурады.

Прокурор башка айыпталуучуларды 16дан 30 жылга чейин түрмөгө кесүүнү, алардын арасындагы жалгыз аял – юрист Зарафо Рахмонини гана беш жылга эркинен ажыратууну сураган.

Жыйынтыгында Жогорку Сот Ислам кайра жаралуу партиясынын жетекчилерин күнөөлүү деп тапты. Өмүр бою эркинен ажыратуудан тышкары эң жогорку абак мөөнөтү 28, эң төмөнкүсү – 2 жылды түздү.

Айыпталуучулар акыркы сөзүндө күнөөлүү эместиктерин айтып, соттун адилетүү өкүм чыгаруусун сурашты.

Бухарадагы футболдук оюнга сакалчандарды киргизишкен жок

Жекшембиде Өзбекстандын Бухара облусунда «Бухара» жана «Навбахор» футбол командаларынын ортосундагы жолдоштук оюнду көрүү үчүн келген сакалчан кишини стадионго киргизишкен жок. Тартип сакчылары ага алгач сакалын кырып туруп, анан гана ичкери кирүү кеңешин беришкен.

Футбол күйөрмандарынын биринин айтымында, сүйүктүү командасынын оюнуна күбө болуу үчүн ал жакын жердеги чач-тарачтардын бирине барып, сакалын алдырууга аргасыз болгон.

«Бухара» футбол командасынын фан-клубунун лидерлеринин бири сакалчан күйөрмандарды стадионго киргизбөө туурасында оозеки буйрук болгондугун тастыктады. “Сакалчан жаш жигиттерди ичкери киргизбей жатышат. Ал эми сакалдарын өстүргөн 40-45 жаштагы атуулдарга уруксат беришүүдө. Мындай талап азыр бардык жерде бар”,-деди «Бухара» фан-клубунун лидери.

Укук коргоочулар тартип сакчыларынын мындай кадамын адам укугун бузуу катары баалашууда. “Борбор Азиядагы адам укуктары” ассоциациясынын башчысы Надежда Атаеванын айтымында, сакал өстүргөн мусулман жарандарды коомдук жайларга киргизбөө – алардын укугун жана дин тутуу ынанымын чектөөгө барабар.

Жолдубаеванын түгөнбөгөн жооруктары

Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын иниси Эрмек Жолдубаевдин баңги зат менен Казакстандын чек арасынан кармалып атса, коңшу өлкөнүн атайын кызматтары бул боюнча маалымат таратып атышса, атургай, биздеги “Аки-пресске” чейин маалымдалганын билесиңерби? Эй, кайсы логикага сыят?

Эжеси Индира айым Кыргызстандагы мыйзамды көзөмөлдөөчү органды жетектеп отурса, иниси наркотик ташып жүрсө, мындай көрүнүш менен кантип аброй алабыз? Мунун өзү мамлекеттин бетине түкүргөндүк болот да, туурабы? Эми бу жагын бийлик жашырып-жаап, тынчытып отурат. Хохма “Кыргызстанда мыйзам буйлалаган төө” дегендик да?! Кызыгы, мындан башка дагы “жоруктары” менен башкы прокурор Жолдубаева эл ичине бүлүк салууда.

Маселен, коррупцияга шектелген прокурорду Индира айым билмексенге салуу менен кызматка койгону, дал ушул жагынан одоно мыйзам бузулганын депутат Руслан Казакпаев билдирүү кылса дагы эч ким этибар албады. (“Азаттык” ж.б булактарга чыгууда.)  Ошого катар бир катар прокурорлордун мыйзам бузганы, алардын акмакчылыгы боюнча депутат Төрөбай Зулпукаров дагы ачуу пикирин жашырган эмес.

Айта берсек, мыйзам бузган мындай прокурорлордун эченин тастыктасак болот. Эгерде Жолдубаев элге кызмат кылуу менен акыйкатты тааныбай, тескери кете турган болсо, арты жакшылык менен бүтпөйт! Жакында кыргыз элине “дүң” боло турган сенсацияларга күбө болосуңар…

Булак: “Азия news

Шейшенкул Бакиров спорт агенттигинин башчылыгынан кетти

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттигинин башчысы Шейшенкул Бакиров кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда Ш.Бакиров ден соолугуна байланыштуу 31-майда арыз жазып, эмгек жамааты менен коштошкон.

Ш.Бакиров Спорт агенттигинин башчылыгына 2015-жылдын 1-июлунда дайындалган эле.

Кадамжайдагы селге аккан баланы куткаргандарга мамлекеттик сыйлык берүү сунушталды

Кадамжайдагы селге аккан баланы сактап калган жарандарга мамлекеттик сыйлык берилиши керек. Мындай пикирин бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Иса Өмүркулов билдирди.

«Ушул жылдын 27-28-майында Баткен облусунун Кадамжай районунда болгон тарбигый кырсык маалында селге аккан унаанын ичинде беш адам каза болгонун билесиздер. Алты жашар бир бала аман калган. Аны куткарып калган Руслан Айтиев менен Эркин Ташбаевди мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү сунушун киргизем. Сиздер тараптан да колдоо боло турганына ишенем», – деди депутат.

Кашкардын министр болоорун бир жыл үч ай мурун айткан Жолдошова

Албетте, чындыкты жазсаң, коомчулук кабыл алат. Былтыр 2015-жылдын февраль айынын соңунда «Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору «саясый кылмыш ишинин» негизинде Бишкек ШИИБсинин ИВСинде жатканда, Жылдыз Жолдошова аталган жерге келип, окуяга күбө болот. Ошондо Асланды тирукмуш кылмышкер менен «один-один» камап коюшканы, дал ушундай көрүнүшкө күбө болгон Жылдыз айым «чарт» жарылып, «журналистти алып чыккыла» деп талап коёт. (Ал үнү продолго жаңырганын убактылуу кармалып турган зектердин жана МЕНТтердин баары уккан.) Натыйжада, полковниктер Асланды хатадан чыгарышып, түз эле Кашкар Жунушалиев менен жолуктурушат. Ошондо Кашкар мырза чогуу чай ичип отуруп: «Мен боевой генералмын, Аслан сени билем, сыйлайм, эч кандай кылмыш кылган жоксуң! Бул саясат! Мен бияктан чыгарам. Кичине чыдап кой…» деп айтканы белгилүү. Дал ошол учурда дасторкондо отурган Жолдошова: «Каш­кар, сен Мелистен кийин министр болосуң, көп болсо бир жыл өткөндө… Эң башкысы, адилеттүү бол!» деген. Анан тагдырдын тамашасын карабайсыңарбы, дал ошол айткан убакыттай эле, бир жыл үч айдан соң генерал Жунушалиев министр болду. Кызыгы, өткөн саныбызда Жылдыз эженин алдын-ала көрө билгендерин, Чыныбай Турсунбеков спикер болорун, ж.б. жорумдарын жазганбыз. Эми дагы мындай факты күбөлөрдүн негизинде далилденүүдө. Мунун өзү Курманжан Датканын арбагы колдогону, таасири эмеспи?.. Чын эле экс-депутаттын көзү ачылганы, жакында элдерди кабыл ала турган борбор түзбөйбү?..

Булак: “Азия news

Президент ЕАЭБ менен Вьетнамдын ортосунда эркин соода жүргүзүү жөнүндө келишимине кол койду

Алмазбек Атамбаев Евразия экономикалык бирлиги менен Вьетнамдын ортосундагы эркин соода жүргүзүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам 2016-жылдын 25-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Макулдашууну ратификациялоо 90 пайыздан ашык товардык позициялар боюнча эркин соода режимин камсыз кылат. Алымдарды жокко чыгаруу жана рынокторго кирүү режимин бошотуу эки баскыч менен жүргүзүлөт.

Макулдашуу товарларды, кызматтарды соодалоо, бажылык администрациялоо, соодадагы техникалык тоскоолдуктар, санитардык жана фитосанитардык чаралар, инвесторлор киргизген капиталдык салымдар, интеллектуалдык менчик, мамлекеттик сатып алуулар, атаандаштык, туруктуу өнүгүү, электрондук соода маселелерин камтыйт.

Ички рынокту коргоо, лицензиялоо, төлөм баланстарын коргоо чаралары, өнөр жай жана айыл чарба товарларына субсидия берүү маселелери боюнча макулдашууда ДСУнун алкагында тиешелүү ченемдери инкорпорлоштурулган. Мында антидемпингдик жана компенсациялык чараларды колдонууда ЕАЭБге мүчө өлкөлөр Вьетнам тарабынан жеке тараптар катары каралат. Мындан тышкары, өсүп жаткан импорттон тобокелдиктерди тезинен төмөндөтүүгө өбөлгө болуучу эки тараптуу коргонуу чараларын колдонуу каралган.

Кенжебек Бокоев, депутат: «Айрым айылдарда канализация эмес, таза суу жок, анан кантип мектептердин ичине туалет курат?»

«Жер-Үй» алтын кенинен түшкөн каражатка жаӊы 100 мектеп куруу, 100 мектепти оӊдоо чечими кабыл алынган. Тендерлер аяктап, куруучу компаниялар аныкталып калыптыр. Тендер Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жарыяланыптыр. Менимче, бул жерде мыйзам бузулган. Муниципалдык мекеменин курулушуна министрликтин тендер жарыялоого акысы жок. Бул тууралуу депутат Кенжебек Бокоев бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Өкмөт баардык жаӊы мекетептерде туалетин кошо куруу тапшырмасын бериптир. Ойлонуп иш кылбайбы. Айрым аймактардагы айылдарда канализация эмес, таза суу жок, анан кантип мектептердин ичине туалет курат?», – дейт депутат.

Москва ЕККУнун куралдуу миссиясынын Донбасска киришине макулдук берген эмес

Аскерий миссия боюнча макулдашуулар жөнүндө буга чейин “Интерфакс” билдирген эле.

Москва Донбасста ЕККУнун куралдуу миссиясын жайгаштырууга макулдук берген эмес. Бул туурасында Орусиянын ТИМи билдиргенин “Интерфакс” кабарлады. “Бул маселени талкуулоо үчүн белгиленген форматтар бар. Биринчи кезекте аны Минскте чогула турган контакттык топ карашы керек”, – деп баса белгилеген министрлик.

Буга чейин “Интерфакс” Украина президентинин администрация башчысынын орун басары Константин Елисеевге шилтеме берүү менен орусия тарап ЕККУнун куралдуу миссиясы Донбасста ишин баштоосуна макул болгондугун кабарлаган. Украина президентинин администрациясынын сайтында бул маселе талкуулангандыгы маалымдалган эмес.

Орусия ТИМ башчысы Сергей Лавров бир күн мурун Украинанын чыгышындагы коопсуздукту “эл аралык күчтөрдүн” жардамы менен камсыздоо Минск келишиминде каралбагандыгын жана “Донбасс эч качан буга барбай тургандыгын” билдирген.

Атамбаевдин күзөт кызматын эми олбурлуу “Дамо” башкарат

Өлкө жетекчилиги (президент, премьер, спикер, Жогорку Сот, башкы прокурор) ме­нен маанилүү стратегиялык объектилерди күзөткө алган УКМК алдындагы мамлекет­тик күзөт кызматынын башчылыгына Дамир Мусакеев дайындалды. Эсиңерде болсо, буга дейре аталган кызматты Атамбаевди дээрлик 15 жылдан бе­ри күзөтүп келген айтылуу Болот Сүйүнбаев жетектеп, көпчүлүктүн көңүлүнө алынып келген. Дамир Му­сакеев деле бул кызматка сырттан келген кадр эмес. Мамле­кеттик күзөт кызматында жаштайынан тарта иштеп келген, соңку убакта Атамбаевдин жанынан карыш жылбай күзөтүп келген кең далылуу, узун бойлуу, жолборс жүрөк чоролорунун бири. Ысык-Көлдүн Тоң районунан болот. Жакындары Дамир мырзага «Дамо» каймана атын ыроолоп алышкан.

Булак: “Азия news

Мээрбек Мискенбаев, депутат: «Кыргызкөмүр» ишканасында уурдалган акча бир райондун жылдык бюджетин түзөт»

Азыркы учурда тоок уурдагандар түрмөдө отурат, ал эми мамлекеттик казынанын миллиондогон каражатын уурдагандар чардап жүрөт. Өкмөт менен тиешелүү органдар эмне кылып отурат? Тезинен чараларды көрүп, мамлекеттин чөнтөгүнө кол салган күнөөлүү кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу зарыл. Бул тууралуу депутат Мээрбек Мискенбаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Мисалы, «Кыргызкөмүр» ишканасынын жетекчилигине 4 берене боюнча кылмыш иши козголгон. Ишканада 35 млн сом уурдалган. Директору Мирлан Жакыпов менен анын орун басары Канат Ашырбаев ушу тапта эч нерсе болбогонсуп, кеӊсесинде документтерге кол коюп отурат. Уурдалган акча бир райондун жылдык бюджети да. Ошо кантип болсун», – дейт депутат.

Данияр Нарымбаевди түрмөдөн өлтүрүүгө заказ берилдиби?

Соттон адилеттик таба албаган Данияр Нарымбаевдин барган сайын абалы начарлап, ал абак азабында жатканда, кимдир бирөөлөр тарабынан коркунуч жаралышы боюнча каңкууланды. Кызык, эми Кыргызстанда мыйзамдуу деңгээлде укук коргоо жагы камсыздалбаса дагы, түрмөдөгү адамды тынч коюшса болбойт беле? Эсиңерде болсо, буга чейин Д.Нарымбаев өзүнүн ак экенин айткан, ошого катар бир топ саясый ишмерлер да аны колдоп чыгышкан. Бирок, ал үч жыл абак жазасы боюнча кесилип кеткени, кийин Бишкек шаардык соту дагы мурдагы чечимди күчүндө калтырган болчу.

Кокус Д.Нарымбаевге түрмөдөн кол салышып, эгерде өлтүрүп коюшса, анда ким заказ бергени аныкталабы?..

Булак: “Азия news

 

Порошенконун оффшордогу эсептери жөнүндөгү маалымат текшерилбейт

Украинанын Жогорку Радасы Петр Порошенконун оффшордогу эсептери жөнүндөгү маалыматты иликтөө үчүн комиссия түзүүдөн баш тартты. Украин парламентинин сайты кабарлагандай, керектүү 226 добуштун ичинен 108 “макул” алтоо “каршы” деген пикирин билдирди. Дагы 115 депутат добуш берген жок.

“Батькивщина” фракциясынын өкүлү Надежда Савченко Жогорку Раданын депутаттарынан “тобо келтирип элден кечирим суроого” чакырды. Анын айтымында, Порошенконун, украин Улуттук банкынын башчысынын, каржы министринин жана башка жогорку даражадагы аткаминерлердин оффшордук эсептерин текшерүү – азыркы бийликтин калк алдында жасай турган биринчи иши. Жогорку Раданы ал “Титаникке” салыштырды. Анын пикиринде, эгер эл өкүлдөрү “ашыгын” бербесе, эл алардын түбүнө жетет.

Апрелде Иликтөө журналисттеринин эл аралык консорциуму Порошенконун бизнеси 2014-жылы Британиянын Виргин аралындагы оффошордо катталганы жөнүндөгү маалыматты таркаткан. Украин президенти бизнесин сырттан башкартууга өткөрүү үчүн ушундай кадамга баргандыгын айткан.

«Центерра Голд Инк» компаниясы эл аралык арбитраждык сотко кайрыларын кабарлады

2016-жылдын 31-майында Кыргыз өкмөтүнүн дарегине «Центерра Голд Инк» компаниясынын юридикалык кеңешчиси – «Саливан энд Кромвель» юридикалык компаниясынан кат келип түшкөн, анда ал «Центерранын» атынан Кыргызстандын мамлекеттик органдары менен болгон талаш-тартышты арбитражга берүү ниети тууралуу кабарлаган. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Катта канадалык тараптын мамлекеттик органдардын экологиялык талаптары, кенди пайдалануу планын жактыруу жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, ошондой эле башка укук коргоо органдарынын «Кумтор Голд Компани» ЖАКка карата аракеттери боюнча келип чыккан маселелер жана талаштар боюнча жүйөлөрү келтирилген.

Жогорудагы катка өкмөттүн берген жообунда: “Курчап турган чөйрөнү коргоо маселеси дүйнөдөгү ар бир өкмөт үчүн артыкчылыктуу багыт катары саналат жана ошол бойдон кала берет. Мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү жаратылыш тутумун сактоо шартында гана камсыздалышы мүмкүн.

Ар бир мамлекетте экологияга байланышкан маселелер курчап турган чөйрөнү коргоонун эл аралык деңгээлде кабыл алынган принциптерине негизделген улуттук мыйзам чыгаруу аркылуу жөнгө салынат.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын соттук доосу 2013-жылы экологиялык мыйзамдардын бузулушу боюнча аныкталган фактыларынын негизинде жөнөтүлгөн. Ал убакыттан бери доолор бекитилген тартипте республиканын соттук органдарында каралууда.

Мындан мурда  «Центерра Голд Инк» компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өкмөт тараптан экологиялык соттук талашты сотко чейин жөнгө салуу аракеттери болгон. Бирок канадалык тарап менен консенсуска келүү мүмкүн болгон жок жана мунун өзү сүйлөшүүлөр процессинин натыйжасыз жыйынтыкталышынын себептеринин бири болду.

Ошол эле учурда «КГК» ЖАК мамлекеттик органдардын экологиялык мыйзамдардын бузулушун жоюу боюнча эскертүүлөрүн этибар алган жок, ал эми «Центерра Голд Инк» компаниясынын аталган маселеге кызыгуусу байкалбайт.

Башкы прокуратура жана башка укук коргоо органдары да мыйзам тарабынан орнотулган ыйгарым укуктарынын алкагында аракеттенүүдө. Иликтөө иш-чаралары уланууда жана кандайдыр-бир укуктук баа берүү иликтөөлөр толук жыйынтыкталган соң гана болушу мүмкүн.

Учурда өкмөт Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен болгон талаш-тартышты арбитражга берүү ниети тууралуу кабарламага негизделген «Центерра Голд Инк» компаниясынын доолорун тыкыр иликтөөдө. Өкмөт келерки кадамдарын ар тараптуу укуктук талдоонун жыйынтыктарынын негизинде маалымдайт.

Буга катар «Центерра Голд Инк» компаниясы компаниянын жалпы акционерлеринин кызыкчылыгы үчүн талаштуу маселелерди чечүү боюнча пикир алмашуу максатында кеңешмелерди өткөрүү мүмкүндүгүн жана ага даяр экендигин жокко чыгарбайт.

Өз кезегинде Кыргыз өкмөтү да конструктивдүү баарлашуу жүргүзүлүүсүн жактайт.

Кыргыз тарап да «Центерранын» башка акционерлери сыяктуу эле финансылык ачыктыктын, учурдагы жана келечектеги экологиялык жана тоо-техникалык маселелердин комплекстүү чечилүүсүнүн негизинде «Кумтөр» долбоорунун туруктуу жана натыйжалуу иш алып баруусуна терең кызыкдар.

Кыргыз өкмөтү «Кумтөр» долбоорун мындан ары ишке ашыруу тууралуу чечим кабыл алууда ачык-айкын иш алып барат, баардык өкмөттүк чечимдер жана аракеттер мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгында жүргүзүлөт”, – деп айтылат.

Меню