Menu

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин кызматтан кетирди

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн эки топ-менеджерин кызматтан кетирди.

Норвегиялык Telenor Group телекоммуникациялык компания маалымдагандай, башкы каржы директор Ричард Олав жана юридикалык директор Виен Эспен Голландияда каталган VimpelCom компаниясынын Telenor Group компаниясындагы үлүшүнө байланышкан маселелердеги алешемдиктер үчүн жумуштан айдалышты.

Маалымдалгандай, эки жогорку даражадагы чиновник Өзбекстанда «Билайн» маркасы менен уюлдук кызмат көрсөткөн Vimpelcom компаниясында жемкорлук иштери боюнча ички иликтөө башталганда эле кызматтан убактылуу четтетилишкен. Өткөн жума күнү Telenor Group эки атка минерди отставкага кетирүү боюнча чечим кабыл алды.

Белгилей кетүүчү жагдай, бул жогорку посту ээлеген кызматкерлердин биринчи отставкасы эмес. VimpelCom компаниясы Өзбекстандын тун кызына миллиондогон доллар пара бергендиги жөнүндөгү жаңжалдан кийин Telenor Group компаниясынын башкаруу кеңешинин төрагасы Свейн Осер жана башкы директор Йон Фредерик Баксаас кызматтан кеткен.

VimpelCom ушул жылдын февраль айында Өзбекстанда бизнес жүргүзүү үчүн өкмөттөгү “таасирлүү чиновникке” 114 миллион доллар пара бергенин моюнга алган. Мындан тышкары компания АКШ жана Нидерландынын коррупцияга каршы органдарына 795 миллион доллар айып пул төлөөгө макул экендигин расмий түрдө билдирген.

Буга чейин АКШ Юстиция министрлиги өкмөттөгү “таасирлүү чиновник” дал ушул Гүлнара Каримова болгондугун айтып чыккан. Кошмо Штаттар Каримова жана анын бир нече табакташтарынын Швейцария банктарындагы 550 миллион долларын кайтаруу талабы менен сотко кайрылган.

Булак: centralasian.org

Кыргызды өңүнөн эмес, мээсинен тааныган Мамытов

Бир жылы “Министрдин бир күнү” деген рубриканы баштадык. Министр жумушка келип, кайра үйүнө кеткенче жанында жүрмөй. Бир жолкусун Миталип агай Мамытовго бардым. Биздин элдин Баатыры. Кыргызга бүткөн нейрохирург. Ал кезде саламаттык сактоо министри болчу. “Жакшы рубрика экен, бирок, бүгүн эки операциям бар, аны кантесиң?” деди. “Мен кошо кирейин, агай” деп ийдим. Ошо менен эртеси таң атпай иш башталды.

“Мойнумда эки милдет: бири мамлекеттики, экинчиси, көзүмү карап, акыйып күткөн элдики” деди. Ошол үчүн кабинеттен — чогулуш, жыйналыш, жолугушуу, кабыл алуу кылды. Кайра сыртка чуркап клиникага обход жасады. Онтогон, анан онтой да албаган жандарды көрдү. Кимисине эмне кылаарды айтты. Кайра шаардын бөлөк башындагы клиникага барып, жаңы ачылган бөлүмдүн ачылышын кылды. Мыктыларга сый барак тапшырды. Бир кезде өкмөткө чакырды. Кайра келип, чет өлкөдөн келгендерге жолукту. Өтө кыска убакытта шам-шум эттик. Анан акыры мен жүрөксүп күткөн учур келди… Операция! Мен да догдурлардай стерилдүү кийим кийдим. Агайдын ар бир кадамын карайм. Кантип даярданып, кантип колун жууп, аны кантип кийинтишкендерин тиктейм. Операция залы. Кең залдын эки жагында эки оорулуу эбак наркоздун коюу уйкусунда, операцияга даяр экен. Түз эле өйдөкүсүнө барды. Баарысы убакты мүнөтүнө чейин белгилүү экен. Жардамчы хирургдар, жардамчы медайымдар ашыкча үн сөзү жок шамдагай кыймылдашат. Оорулуунун төбө башы гана көрүнүп турат. Калганы кандайдыр жабылуу. Чачы кырылып алынган башты караганымча кадимки бургу сымал аспап төрт жеринен тешип жиберди. Анан “П” формасында арааланды. Анан… Аңгыча курган баш капкак болуп ачылды. Ичке этче алынды, анан ичке чел кабык алынды, анан… Мээ!

Бир жарым килден ашпаган, көбүн май азын суу баскан, бир эмес беш энциклопедияны батыра алган, биз уктаганда ал ишке кирген, деги ал эмне экенине али илимдин мээси жетпеген, адамды кубанткан, ыйлаткан, бактылуу же шордуу кылып сездирген, адамдын бүт кубаныч арманын батырган, өзүнө хирургдун бычагы тийсе да ооруну сезбеген, эң күчтүү да, эң назик да нерсе экен бул — мээ.

“Элүү жылдан бери мээни дарылап келем” деген Миталип агай: “Мээ менен сүйлөшөм, өзү менен кеңешем, мага ачылып берсе, демек, аны сактап калам… Далай адам бутуна турду, бир далайы турган жок” деген. “Өлүм бул көнүмүш болуп калабы? десем, “Жок, ал ар ирет мени да кыйнайт, өлүм көнүмүш болбой калсын!” деген Миталип Мамытов! Кыргызды өңүнөн эмес, мээсинен тааныган, кыргыздын кубаныч менен арманын мээсинен көргөн, адамдын тагдырын колу менен ачып, колу менен жапкан, адамды Кудайдан кийин экинчи ирет кайра жараткан сымал эмгек кылган, жарыктык, анысын бир төш кагып айтып чыкпаган ушундай керемет адам, Мамытов! “Мээ адамдагы эң сулуу орган” дейт. «Эмнеге?” дедим. “Адамды сүйүүгө кабылткан, табиятка суктанткан, тамшантып ыр жаздырган, тамшантып бизди ырдаткан, сүйлөткөн, көрүү бактысын берген, илимдин артынан куудурган, боорукердик сезимди берген, айта берсе, бүтпөгөн ушул – мээ!” деди. Угуп атып денем “дүрр” этип, жумуру баштагы касиетти билбегенибизди, эстебегенибизди, сактай албай жаман, тескерисинче уу сөз, уу мамилебиз менен аны талкалаарыбызды, ал качандыр аларды көтөрө албай калаарын, керемет шаар дүйнөбүз кыйраарын эстедим. Миталип агай кыргыздын далай аттуу-баштууларын дарылаганын, “аларды айтып-айтпаганда не?” деп, падыша же кембагалбы, оорунун алдында баарыбыз чебелектеген бир байкуш экенибизди, алсыз экенибизди айтып, “өзүбүздү тирүү-соо кезде сакташыбыз керек” деп, “мен үчүн мээ бул – турмуш” деп, “мээни ачаарым менен андан ушул кайнаган азаптуу турмушту көрөм” деп, “өзгөчө кыргыздын көр турмушун көрөм” деп айткан эле. Ошентип, министрдин ал күнү да аяктаган, “эми жүр” деп экөөбүз бөлмөсүнө киргенбиз, “оор күндүн аягында ушул жакшы” деп коньяк татып, бир топко аңгеме кылып, анан коштошконбуз. Сыртка чыгып, терең бир кинону көрүп бүткөнсүп, түнкү Бишкектин жалбырагын кечип, «биз төрөлгөндөн өлгөнгө чейин бир секунд чырм этип уктабайт” деген төбөмдөгү мээни эстеп, аны сезгим келип, тереңден бир дирилдеп эргүү келип атканына, кечки шаардын жомогун көрүп, угуп, сезгениме топук кылып, “бакыт ушул тура” деп үйдү көздөй баратканым эсимде. “Аялым да, балам да, келиним да, неберем да доктур” дегенин, «чоң илимден калбайын” деп англисче китеп окуп, аңгеме курганын кайра эстеп, мынча токтоолукту, эстүүлүктү кайдан алганына таңданып, “сиз Кыргыздын бир эмес, беш ирет Баатыры болуңуз, ал дагы аздык кылаар” деп тилек тилегемин.

Баарыбыз бактылуу, атактуу, бай болгубуз келет, бирок, мээлүү болгубуз келбегенин кийин түшүндүм…

Булак: “Азия news”

Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар экенин эскертти

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар экендигин эскертти. Ал Украинадагы азыркы саясий, социалдык жана экономикалык кырдаалга көңүлүн бурду.

Учурунда СССРде чоңдугу боюнча экинчи орунда турган Украина азыр Казакстандын экономикасынын жанында шоона эшпей калганын билдирген Назарбаев мындай жагдай аталган өлкөнүн бирдиктүү максаты жоктугунан, жарандар көйгөйлөрдү чечүүнүн ордуна өз ара тирешүү, бирин-бири өлтүрүү, чыр-чатактар менен алпурушуп жаткандыктан ушундай жагдай орун алганын кошумчалады.

Ал ортодо Кызылордо менен Жаңыөзөн шаарларында 1-июлдан тартып мамлекеттик жерлерди жеке менчикке берүү боюнча пландарына каршы демонстрациялар уюштурулду. Күбөлөрдүн айтымында, акциянын катышуучуларын полиция кууп таратып, айрымдарын гана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен болгон жолугушууга чакырышкан.

Активисттердин пикиринде, мамлекеттик жерлер кандайча колдонулуп жаткандыгын билүүгө, кийлигишүүгө жарандардын укугу бар. Кызылордо облус башчысынын орун басары Кожаниязов “пландаштырылып жаткан менчиктештирүү юридикалык жактан негизделген жана зарыл чара” экенин айткан. Анын баамында, жерлерди башкарууга алгандар ага тийиштүү кам көрбөй жатышат.

Булак: centralasian.org

Парламенттен депутат айымдар айдалып, ордуна Ормонов менен Илмиянов келет

Акыркы күндөрү саясат айдыңы ар кандай кызыктуу окуяларга бай болду. Күтүүсүз жерден өкмөт башчы кызматтан куулуп, андан кийин төрагалык так талаш көптөрдүн бүйүрүн кызытты. Анын артынан эле бир канча аткаминерлер ээрден кулап, эси ооп турган чагы. Ак үйдөгү узун кулактардын айтуусуна караганда Атамбаевдин КСДПсы дагы парламенттеги депутаттарын бир сыйра электен өткөрүүгө камынып калыптыр. Биринчилерден болуп Ашэра Халикова деген айым мандатып тапшырып, анын ордуна “шоопур” атка конгон Икрамжан Илмиянов келээри айтылууда. Андан башка дагы 2-3 эл өкүлү ордун бошотот экен. Ал эми “Бир Бол” фракциясынан өз арызы менен мандатын тапшырган Лунара Мамытованын ордуна мурдагы “акжолчу” депутат Улукбек Ормонов келип, майрамдык эс алуулар бүтүшү менен Жогорку Кеңеште жаңы жүздөр пайда болот.

 

Министр Боронов кооптуу аймактан көчпөгөн жашоочуларга чара колдонушу керектигин айтты

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов 30-апрелде Сузак районунун Алмалуу-Булак айылына барып, жер көчкүндөн жабыр тарткан тургундар менен жолугушуп, көйгөйлүү маселелерин укту. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.

Ошондой эле Бороновдун буйругу менен Сузак районунун башкы администрациясында райондук жарандык коргоо комиссиялары жана айыл аймактарынын башчыларынын катышуусунда ыкчам жыйын болуп өттү.

“Кооптуу аймакта жашаган участкаларда түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн, жер участкасын жана ссуданы алып көчпөгөн жашоочуларга чара колдонушу керек. Айыл өкмөтү өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери менен кеңешип, коопсуз жерден участок алып, тез арада жашоочуларды көчүрүп кетиңиздер”, – деди жыйында Боронов.

Учурда 76 турак үйдүн жашоочулары коопсуз жайга көчүрүлүүдө. Жалал-Абад облусунда 1064 көчүрүлүүгө тийиштүү турак үйлөр жайгашкан, анын ичинен 147 кожолукка турак жай үчүн ссуда берилбей калган.

Эскерте кетсек, Сузактагы Алмалуу-Булак айылында буга чейин төрт ирет жер көчкү жүрүп, бир топ үйлөрдү жана 2000-жылы туулган Урматбек уулу Эрлан басып калаган.

Руслан Казакбаев, ЖК депутаты: “Бабанов ийгиликке жетиш үчүн баардык аракеттерин жасайт”

ТИМ катарынан тамыр алып, чоң саясатка канат күүлөп чыккан Руслан мырза баралына келген барчын сымал болуп турган кербези. Кадимки Өмүрбек Бабановдун жандай көргөн жакын досуна партиялык ички интрига, кызматтык ишмердүүлүгү, тышкы саясаттагы абал, башкы дипломаттар менен болгон мамилеси тууралуу собол салдык. Айрым түз соболдорубуздан буйтактап, сыпайылана, чыныгы дипломаттык жүрүшү менен жооп узатты.  

– Руслан мырза, соңку парламенттик шайлоодо сиз штабын жетектеген ырынан-чыры көп “Республика — Ата Журт” партиясынын тизмесине досуңуз Өмүрбек Бабанов экөөңүздөр өңчөй дос, тааныш, тууган-урук, келечекте силерге “кол бала” болчу депутаттарды алып келгениңиздер кызуу талкууга алынганы бар. Маселен, келиниңиз Алтынай Өмүрбекованы сиз жогорудагыдай критерий менен алып келгенсиз да, туурабы?

– Сен атагандай сын-пикирлерге кошула албайм. 2012-жылы тышкы иштер министри кызматынан кеткенден кийин мени Өмүрбек Токтогулович жетектеген “Республика” партиясынын саясый кеңеши чакырып, ошол жылы боло турган Бишкек шаардык кеңеши үчүн шайлоону жетектеп берүү, шаардык кеңешке аттанган талапкерлердин тизмесин баштап баруу сунушу менен чакырып калышты. Ойлонуп көрүп, макул болдум. Андагы Бишкек шаардык кеңешинде мен жетектеген “Республика” партиясы ар кандай кысым, бут тосууларга карабастан 2-орунду камсыз кылдык. Өзүм да шаардык кеңешке талапкер болгондуктан, жеңишке жетишкенден кийин өз эрким менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгынан баш тартып, “Республика” партиясынын борбордук штабын жетектеп, партиялык курулуш, жергиликтүү бөлүмдөрдүн ишин жандантуу, эл менен иштешүү сындуу партиянын ички маселелерин чыңдоо менен 3 жыл алек болдум. Мындай иш-аракеттерибиздин жыйынтыгында, 2014-жылы 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо 1-орунга ээ болгон “Ата Журт” партиясы менен бириктик. Биргелешкен иш-аракеттерибиздин натыйжасында, 2015-жылы “Республика – Ата Журт” партиясы соңку парламенттик шайлоодо өлкө боюнча 350 миң добуш менен маарада 2-орунга чыга келдик. “Тууган-туушкандарын алып келген” деген сындарга да кошула албайм. Туура, партиянын тизмесине талапкерлер тааныштык аркылуу киришти. Аны танбашыбыз керек. Бирок, партиянын ички жобосуна ылайык, биздин саясый топ менен чыгышкан 130 талапкерибизди тең округдарга бөлүп, район-район, облус-облус болуп атаандаштык негизде аттанышкан. Мына ушундай ички атаандаштыктан алдыга суурулуп, көп добуш алышкан талапкерлер депутат болушу керек эле. Тиешелүү добушту топтогондор депутат болуп келишти. Тилекке каршы, айрым кесиптештерибиз округдарынан тыңгылыктуу добуш алышпаса дагы сот аркылуу депутат болуп отурушат. Бирок, биздин фракция мындай көрүнүштөргө карабай, ынтымактуу иш алып барып жатабыз. Алдыда депутат болуу кезегин 6 талапкерибиз күтүп жатышат. Бул боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мен ойлойм, Кудай буюрса, алар да кезеги келгенде сөзсүз депутаттык мандатка ээ болушат деген үмүттөмүн. Ал эми Алтынай Өмүрбекованы партиялык тизмеге алып келүүгө эч кандай тиешем жок. 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо Өмүрбек Токтогулович андагы өзүнүн күчтүү командасы менен Алтынай Өмүрбекованы издеп табышып, аны саясатка киргизишкен. Анда дагы депутат болгон. Бул чакырылышта дагы Бишкек шаарынан округ алып, татыктуу добуш топтоп, депутат болуп чыга келди.

– Жакында парламент төрагалыгына болгон так-талашта досуңуз Өмүрбек Бабанов фракциялаштарыңар менен спикерликке сиздин ысымыңызды сунуштап чыгышаарын кыйытканы бар. Көп өтпөй коалициялык көпчүлүк сунуштаган Чыныбай Турсунбековду сиздердин фракция колдой турганын жар салып чыкты. Бабанов досуңуздун мындай жүрүшүн президенттик аппараттан кагуу жеген соң, сиздин талапкерлигиңизден айнып, Чыныбай Турсунбековду көздөй “ойт берип” кеткендиги катары сыпаттасак болобу?

– Туура, башында “Республика – Ата Журт” фракциясынын ичинен спикерликке талапкерлердин ысымдары айтыла баштаганда, менин да атым аталган. Фракциянын ичинен кесиптештерим билимимди, дипломатиялык жөндөмдүүлүгүмдү баса белгилешип, өздөрү колдоп чыгышты. Ал жыйында менин эле эмес, башка кесиптештеримдин да аттары аталган. Мурда-кийин коомчулук көзүндөгү инсан болгондуктанбы, менин атым маалымат каражаттарына көп чыгып кетти. Ал эми “Өмүрбек Бабанов президенттик аппараттан кагуу жедиби?” деген какшык аралашкан соболуң чындыкка жакындабайт да.

– Бир катар бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кыргыз бийлигинин АКШ менен болгон мамилесин айыптап, тышкы иштер министрибиз Эрлан Абдылдаевдин отставкасын талап кылышууда. Бул канчалык негиздүү? Дегеле Эрлан Абдылдаев менен мамилеңиз, анын ишмердүүлүгүнө оюңуз кандай?

– Баардык иштин туура жагы да, туура эмес жагы да бар эмеспи. Анын сыңары, бул жерде деле маселенин эки тарабы бар. Еврейче айтылган сөз болбосун, бул жерде министр дагы, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү дагы туура пикирлерин айтышты. Андыктан, анчалык корко турган деле эч нерсе жок. Керек болсо министрдин кызматтан кетишин талап кылып жатышкан бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн министр өзү чакырып, ой бөлүшүп, адам укугу боюнча маселелерге көңүл бурушу керек. Ал эми министр Эрлан Абдылдаев 4 жылга жакын убакыттан бери тышкы иштер министрибиз катары иштеп, чоң деле ката кетиргендигин байкаган жокпуз. Ушул жерден баса белгилөөчү жагдай, тышкы иштер министрлиги мамлекеттин, президенттин тышкы саясатты жүргүзүү боюнча аткаруучу органы катары өз алдынча көз-карандысыз, расмий билдирүү жасабайт. Тышкы иштер министрлиги АКШ менен болобу же башка мамлекеттер менен болобу, кандайдыр бир билдирүү же чечим кабыл алаарда өкмөт башчы менен же президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмү менен макулдашып, анан гана бир чечим кабыл алат. Министр өз алдынча чечим кабыл ала-албайт.

– Кочкор кланынан чыккан дипломаттар Аликбек Жекшенкулов, Сапар Исаков баштаган кесиптештериңиз менен мамилеңиз кандай?

– Мамилем эң жакшы. Жеке эле бул экөө эмес, мурдагы тышкы иштер министрлеринин баардыгы менен мамилем жаман эмес. Мен тышкы иштер министрлигинде тээ ылдыйдан баштап жогору көздөй кызматтык тепкичтердин баардыгын этап-этабы менен басып өткөн кызматкер катары министрдин биринчи орун басарлыгына чейинки убактарда иштеген министрлерди устатым, мугалимим катары эсептейм. Эң биринчи Роза Отунбаева, Муратбек Иманалиев, Аскар Айтматов, Эднан Карабаев, Аликбек Жекшенкулов, Кадырбек Сарбаев. Бул 6 министрди тең өзүмдүн урматтуу жетекчилерим, окутуучуларым катары билем жана сыйлайм. Алтоондо тең пенде катары кемчиликтери болгондур, бирок, кесиптик жактан жогорку профессионал дипломаттар жана адамкерчиликтери бийик инсандар экендигин танбайм. Мүмкүнчүлүк болгон, көрүшүп калган жерден баары менен тең сүйлөшүп, пикир алмашып турабыз. Эгерде алардын мага карата башкача ойлору болсо, өздөрүнөн сурап көрсөңөр болот. Ал эми Сапар Исаков биз иштеп турганда тышкы иштер министрлигинде эл аралык укук бөлүмүндө бөлүм башчы болуп иштеди. Андан соң өкмөт аппаратынын тышкы саясат бөлүмүндө, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчылык кызматтарына, президенттик аппарат жетекчисинин орун басарлык кызматына чейин өсүп, иштеп жатат. Сапар Исаков профессионал, дасыккан дипломат катары өз ишин тыңгылыктуу тартып, жаштыгына карабай жогорку кызматтарда иштеп жатат. Экөөбүздүн ага-ини катары да мамилебиз абдан жакшы.

– Эртеби-кечпи бүгүнкүдөй амбициясы менен досуңуз Өмүрбек Бабанов күчтүү менеджер, күчтүү лидер катары бийлик башына келүү тилеги бар. Ошондо сиздин ордуңузду кайдан көрсөк болот?

– Эгерде, андай тилектериңер бар болсо, анда орундалсын! Баягы, “Пенденин оозунда болсо, периштенин кулагында” деген кеп бар го? Мени кайсы кызматтан көрсөңөр дагы эл-журтубузга кызмат кыла берем. Баардыгы Кудайдын буюрганынан. Мен ТИМдеги тээ ылдыйкы кызматтан министр болгонго чейинки жасаган карьерамда Өмүрбек Токтогуловичтин өзгөчө салымы болгон эмес. Биздин ортобузда жигиттик, достук гана мамиле бар. Ортобузда “Дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат”, “достук-достук менен, иш-иш менен” деген принципте гана иш алып барабыз. Өмүрбек Бабанов абдан күчтүү бизнесмен, күчтүү менеджер катары баштаган иштердин ийгилигине жетиш үчүн баардык аракеттерин жасайт.

Булак: “Азия news

Freedom House: Кыргызстан 2016-жылы «басма сөз эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кирди

Эл аралык Freedom House уюмунун “Дүйнөдөгү басма сөз эркиндиги -2016” аталыштагы жылдык докладында Кыргызстан 149-орунду ээлеп, былтыркы, 2015-жылдагы отчетто ыйгарылган “жарым–жартылай эркин басма сөзү бар” статусунан ажырап, «басма сөз эркин эмес” өлкөлөрдүн – Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан сыяктуу мамлекеттердин катарына кирди.
Борбор Азия мамлекеттеринин баардыгы “басма сөз эркин эмес” өлкөлөр категориясына киришти. Freedom House уюмунун рейтинги боюнча Түркмөнстан 198-орунда, Өзбекстан 197, Казакстан 181, Тажикстан 176, Кыргызстан 149-орундарга жайгашышты.
2015-жылы дүйнөдө басма сөз эркиндиги кескин төмөндөгөнү байкалган. Саясый, криминалдык жана террористтик күчтөр өздөрүнүн бийлик үчүн күрөшүндө массалык маалымат каражаттарынын оозун жап кылууга аракеттенишет. Евразиялык репрессивдүү режимдердин көпчүлүгү маалымат агымдарына көзөмөл жасоону андан ары тереңдетип, ар түрдүү ой жүгүртүүлөрдүн платформаларын бузуп-жарууга жетишишти.
Өткөн, 2015-жылы журналисттер үчүн уюшкан кылмыштуу топтор, коррупция, айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш байлыктарын уурдоо, дин, талаштуу суверенитет темаларын чагылдыруу, мамлекет башчыларын жана жогорку кызматтагы чиновниктерди сындоолор өтө коркунучтуу темалардан болушту, деп айтылат Freedom House эл аралык уюмунун расмий сайтында.
Булак:Кyrgyztoday.kg

Атамбаев «Сүтак» көркөм фильминин режиссеру Мирлан Абдыкалыковду кабыл алды

Алмазбек Атамбаев «Сүтак» көркөм фильминин режиссеру Мирлан Абдыкалыковду жана фильмдин продюссери, кинорежиссер Садык Шер-Ниязды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда Атамбаев «Сүтак» көркөм фильминин авторлорун алардын картинасы көптөгөн эл аралык абройлуу конкурстардын сыйлыктарына ээ болгондугу, ириде “НИКА” Улуттук киносыйлыгы версиясы боюнча КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн мыкты фильми катары таанылышы менен куттуктады. Ошондой эле кыргыз элинин маданиятын, каада-салттарын жана улуттук өзгөчөлүктөрүн таасын чагылдырган мыкты картинаны жараткандыгы үчүн фильмдин Мирлан Абдыкалыков башында турган чыгармачыл тобуна ыраазычылык билдирди. «Силер улуу тоолор арасында көчүп-конуп жашаган кыргыз үй-бүлөсүнүн татаал тагдырын жана турмуш-тиричилигин, алардын каарман эмгегин, жаратылышка болгон сүйүүсүн жана аяр мамилесин, биздин бай каада-салттарыбызды жакшы көрсөтө алгансыңар», – деди Атамбаев.

Мамлекет башчысы Мирлан Абдыкалыковго кол саат тапшырып, ага мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

Бекболот Талгарбеков: "Чынын айтсам, 2010-жылы мен Атамбаев бийликти куралдуу басып алууну даярдап жатат деп уккам, алар бийликти алары менен мародерчулук жана банк ячейкаларын талап-тоноого киришишти"

“Ачыгын айтканда, 2010-жылы мен да Бакиевдин режимине каршы күрөшкө кошулгам. Төңкөрүштүн алдындагы 3-4 айда мен Текебаев, Сариев, Жекшенкуловдор менен бирге иштеп жүрдүм”, – деп билдирген Кыргызстандын экс-вице-премьер-министри Бекболот Талгарбеков “Республика” гезитинин башкы редактору Замира Сыдыковага 28-апрелде берген интервьюсунда.
“Бирок, 7-апрелде аянтта болгон окуялардан кийин мен дароо алардан кетип калдым, анткени биз бийликти күч менен басып алганыбызды түшүндүм. Ага чейин мен бийликти зордук менен басып аларыбызга анча ишенчү эмесмин, цивилдүү, тынч саясый күрөш болот деп ойлогом. Чынын айтсам, мен Атамбаев бийликти куралдуу басып алууну даярдап жатат деп уккам, бирок, ага ишенген эмесмин. Алар бийликти алары менен дароо өтө коркунучтуу иштерди жасай башташты. Биринчиден, мародерчулук, бул тууралу баары билишет, экинчиден, банк ячейкаларын талап-тоноо. Ошондо гана мен аларга кошулуп алып өтө коркунучтуу, ыплас ишти жасап салганымды түшүндүм. Баса, ошондон бир аз убакыт өткөндөн кийин мен мамлекеттик бийликти басып алууга катышкандыгым үчүн элден кечирим сурап, билдирүү жасадым. 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар боюнча келечекте калыс иликтөөлөр болоруна мен ишенем”,- дейт Бекболот Талгарбеков.

Бекболот Талгарбеков: "Чынын айтсам, 2010-жылы мен Атамбаев бийликти куралдуу басып алууну даярдап жатат деп уккам, алар бийликти алары менен мародерчулук жана банк ячейкаларын талап-тоноого киришишти"

“Ачыгын айтканда, 2010-жылы мен да Бакиевдин режимине каршы күрөшкө кошулгам. Төңкөрүштүн алдындагы 3-4 айда мен Текебаев, Сариев, Жекшенкуловдор менен бирге иштеп жүрдүм”, – деп билдирген Кыргызстандын экс-вице-премьер-министри Бекболот Талгарбеков “Республика” гезитинин башкы редактору Замира Сыдыковага 28-апрелде берген интервьюсунда.
“Бирок, 7-апрелде аянтта болгон окуялардан кийин мен дароо алардан кетип калдым, анткени биз бийликти күч менен басып алганыбызды түшүндүм. Ага чейин мен бийликти зордук менен басып аларыбызга анча ишенчү эмесмин, цивилдүү, тынч саясый күрөш болот деп ойлогом. Чынын айтсам, мен Атамбаев бийликти куралдуу басып алууну даярдап жатат деп уккам, бирок, ага ишенген эмесмин. Алар бийликти алары менен дароо өтө коркунучтуу иштерди жасай башташты. Биринчиден, мародерчулук, бул тууралу баары билишет, экинчиден, банк ячейкаларын талап-тоноо. Ошондо гана мен аларга кошулуп алып өтө коркунучтуу, ыплас ишти жасап салганымды түшүндүм. Баса, ошондон бир аз убакыт өткөндөн кийин мен мамлекеттик бийликти басып алууга катышкандыгым үчүн элден кечирим сурап, билдирүү жасадым. 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар боюнча келечекте калыс иликтөөлөр болоруна мен ишенем”,- дейт Бекболот Талгарбеков.

Бекболот Талгарбеков: "Москвада Атамбаевди эки жолу кызматтан кет деп эскертишти, бир жолу Атамбаев кетем деп колуна Куран кармап карганган"

– Сиз бүгүн “Элдик парламент” бирикмесинин атынан чыгып жүрөсүз. Бийлик боюнча ачуу жана кескин билдирүү жасап, Атамбаевдин токтоосуз отставкасын талап кылып, анын жан-жөкөрлөрү Икрамжан Илмиянов, Чыныбай Турсунбековдордун ишмердиктерин тергөөнү өктөм айтып, ошондой эле 2010-жылдын июнь айындагы окуялары боюнча Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотуна берип жатасыздар. Мен сизди өтө токтоо, амбициясы жок, ар кайсы жылдардагы ар кандай оппозициялык кыймылдарга катышпаган саясатчы катары билчүмүн. Анан эле мындай кескин радикалдуу кадам менен чыктыңыз?
– Ачыгын айтканда, 2010-жылы мен да Бакиевдин режимине каршы күрөшкө кошулгам. Төңкөрүштүн алдындагы 3-4 айда мен Текебаев, Сариев, Жекшенкуловдор менен бирге иштеп жүрдүм. Бирок, 7-апрелде аянтта болгон окуялардан кийин мен дароо алардан кетип калдым, анткени биз бийликти күч менен басып алганыбызды түшүндүм. Ага чейин мен бийликти зордук менен басып аларыбызга анча ишенчү эмесмин, цивилдүү, тынч саясый күрөш болот деп ойлогом. Чынын айтсам, мен Атамбаев бийликти куралдуу басып алууну даярдап жатат деп уккам, бирок, ага ишенген эмесмин. Алар бийликти алары менен дароо өтө коркунучтуу иштерди жасай башташты. Биринчиден, мародерчулук, бул тууралу баары билишет, экинчиден, банк ячейкаларын талап-тоноо. Ошондо гана мен аларга кошулуп алып өтө коркунучтуу, ыплас ишти жасап салганымды түшүндүм. Баса, ошондон бир аз убакыт өткөндөн кийин мен мамлекеттик бийликти басып алууга катышкандыгым үчүн элден кечирим сурап, билдирүү жасадым. 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар боюнча келечекте калыс иликтөөлөр болоруна мен ишенем.
Мен Атамбаевди мурунтан билем, эгер ал бийликке келсе эч жакшылык болбосун, мамлекетти талкаларын да билгем. 2011-жылы ал өзүнүн талапкердигин президенттикке койгондо мен “Кыргызстанды кара туман каптады” деп жазгамын. Ал убакта көпчүлүк эйфорияда болуп, мени угушкан эмес.
Убакыттын өтүшү менен мен муну жөн калтырууга болбосун, Кыргызстанда Атамбаев орноткон режим менен күрөшө ала турган күчтөр жок экенин түшүнүп, өзүм аракеттене баштадым. Мен алгач Россияда эң жогорку кызматтарды ээлеген генералдар менен байланыштым. Силер жаман ойлобогула, ал генералдар биздин эле жердештер болот. Мен үч генерал менен жолугуп жүрүп, былтыр күзгө карай планыбыз даяр болду, азыр ошону ишке киргизип жатабыз. Ага чейин баарына Атамбаевдин бийлиги астында өлкө кайсы аңга түшүп баратканын көрсөтүш керек эле.
Россиянын генералдары, биздин патриот-досторубуз былтыр күздө өздөрүнүн кызмат ордунан, бийликтегилерге таасиринен пайдаланып, Атамбаевге кызматын таштап кетүүсүн сунуштап айтышты. Анын Россия менен Кыргызстандын ортосунда түзгөн коррупциялык схемалары жана Кыргызстанды мамлекет катары талкалап жатканы үчүн арыз жазып, өзү эле отставкага кетип калуусун суранышты. Алар бул схемаларды аябай жакшы иликтешиптир, Атамбаевдин айланасындагы чиновниктерден кимдер жана кандай жолдор менен элдин казынасындагы акчаларды кап-каптап Россияга ташып жатышканы боюнча жетиштүү далилдерди топтошкон. Мунун баары азыр алардын колунда. Ал далилдердин баарын Атамбаевге көрсөтүшкөндө, Атамбаев колун Куранга коюп, “парламенттик шайлоону өткөрүп коюп эле кетем” деп карганган. Мен ага ишенүүгө болбойт деп эскерткениме карабай алар анда ишенишкен. Жаңы жылдан баштап биз кайрадан активдүү иштей баштадык. Ал эми быйыл февралда генералдар кайрадан Атамбаевди отставкага кетип калуусун суранышты жана эскертишти. Анда Атамбаев башка амалга өттү. Алгач мураскерин тактап алайын деди. Абдил Сегизбаевге мураскер катары сүйлөшүүгө ыйгарым укук берип, Москвага учуп барып эң жогорку кызматтагы чиновниктер менен жолугуп келүүгө жөнөттү. Сегизбаев Москвадан колдоо тапкан жок, ал ким менен жолукканы, эмнени айтканы бизге жакшы белгилүү жана документалдуу бекемделген. Ал кесиби боюнча айыл чарба кызматкери, бирок өз адистиги менен бир күн да иштеген эмес. Анан эле бир күнү журналист болуп чыга келди. Акаевдин пресс-кызматында иштеди. Атамбаевчылыктын артынан кокустан эле УКМКнын төрагасы болуп калды. Москвада Сегизбаевден “Бир мамлекетти башкарганы кантип батынып жатасын?” деп сурашса “Алмаз Шаршенович мага ишеним көрсөтүп жатат” дегенден башка жообу болгон эмес. Мураскердикке Сегизбаевдин талапкердиги өтпөй калгандан кийин Атамбаев Москвага ошол эле максат менен Асилбек Жээнбековду жумшаган. Анын талапкердигин негиздөөдө жердиги түштүктүк экенине таянган. Ошондой эле аны өзүнүн ордуна калтыруу процедурасы жеңил болмок – Атамбаев отставкага кетсе Конституция боюнча спикер президенттин милдетин аткаруучу болуп калат. Бирок, Москва Асилбек Жээнбековду да жактырбайт. Акырында кезек Темир Сариевге келет. Быйыл 2-мартта Атамбаев менен Сариев экөөсү Москвага бир учуп барышат. Сариевдин Москвада колдоочулары бар эле, биз алардын фамилияларына чейин билебиз. Бирок, Кремль Темир Сариевди да колдобой койду.
-Эмне, мураскердин ким болорун Москва чечиш керекпи?
– Ооба, анткени Атамбаевдин коррупциялык схемаларынын баары Москвага барып такалып жатат. Анан биздин достор, генерал-патриоттор Атамбаев жакшылыкча эле өзү отставкага кетип калбасын түшүнгөндөн кийин биздин план боюнча иштей баштадык, “Элдик парламентти” түздүк. Биринчи жыйыныбызды өткөрүп, Атамбаев эл астында отчет бериш керек жана токтоосуз отставкага кетиши зарыл деген чечимге токтолдук. Биз биринчиден, Атамбаевге эмне үчүн ал токтоосуз отставкага кетиши анын өзүнө жакшы экенин түшүндүрөбүз, экинчиден, ага отставкага өз каалоосу менен кетүүсүн сунуш кылабыз. Ал эми биздин 50-60 миң жактоочуларыбыз чогулганда биз башкача аракеттене баштайбыз…
Эмне үчүн Атамбаев менен Кремлдин ортомчулугусуз эле сүйлөшүүгө болбойт? Сиз дос-патриоттор ал жакта коррупциялык схемаларды аныктоо боюнча чоң иштерди жасап жатат дегениңизде амалданып жаткан жоксузбу, чындыгында бул жерде күч жетпей жатса керек? Атамбаев дайыма эле Путиндин тарапкери болуп, Кыргызстанда Россиянын кызыкчылыктарын ишке ашырып келатпайбы?
– Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы коррупциялык схемаларды иликтеп жатып биз аны өз күчүбүз менен буза албасыбызды түшүндүк. Ал схемаларга өтө жогорку даражалуу россиялык чиновниктер аралашкан. Алар Атамбаевдин Кремлдеги лоббисттери, ошондуктан бул маалыматтарды алгач ал жакка жеткирүү керек.
– Демек, силер Путиндин айланасынан Атамбаев россиячыл, ал бизге гана кызмат кылат, андан жакшысы жок деп анын кызыкчылыгын колдогон адамдарды аныктадыңарбы, мен силерди туура түшүндүмбү?
– Туптуура. Путинге ошентип түшүндүрүп келишкен. Ошондуктан биз Атамбаев мамлекетти талкалоого алып баратканын жана биздин мамлекеттер аралык мамилелерди буза турган коррупциялык схемаларды түзгөнүн далилдешибиз керек эле. Биздин топ ушул бузуку схемалардын жана байланыштардын бетин ачуунун үстүндө иштеди. Алар азыр Кремлге бул иштерге катыштыгы бар эки адамдын фамилияларын – Беседа аттуу генерал менен Абдил Сегизбаевдин жоруктарын жеткиришти. Жогорку-Нарын каскад ГЭСтерин баштоодо 37 миллион доллар сарпталды деп ишендиришкен. Бирок, иш жүзүндө 5-7 эле миллион доллар сарпталганы аныкталды. Мындай фактылардын баары азыр Путинге жеткирилди. Биздин достор Атамбаев Кыргызстанды талкалоого алып баратканын, ал өзүнүн жеке кызыкчылыгын гана ойлорун аргументтер менен түшүндүрүп келатышат. Эки жүздүү Атамбаев мамлекеттик системага да калпычылык менен эки жүздүүлүктү киргизди.
“РесПублика” гезитинен кыскартылып которулду
.

Бекболот Талгарбеков: "Чынын айтсам, 2010-жылы мен Атамбаев бийликти куралдуу басып алууну даярдап жатат деп уккам, алар бийликти алары менен мародерчулук жана банк ячейкаларын талап-тоноого киришишти"

“Ачыгын айтканда, 2010-жылы мен да Бакиевдин режимине каршы күрөшкө кошулгам. Төңкөрүштүн алдындагы 3-4 айда мен Текебаев, Сариев, Жекшенкуловдор менен бирге иштеп жүрдүм”, – деп билдирген Кыргызстандын экс-вице-премьер-министри Бекболот Талгарбеков “Республика” гезитинин башкы редактору Замира Сыдыковага 28-апрелде берген интервьюсунда.
“Бирок, 7-апрелде аянтта болгон окуялардан кийин мен дароо алардан кетип калдым, анткени биз бийликти күч менен басып алганыбызды түшүндүм. Ага чейин мен бийликти зордук менен басып аларыбызга анча ишенчү эмесмин, цивилдүү, тынч саясый күрөш болот деп ойлогом. Чынын айтсам, мен Атамбаев бийликти куралдуу басып алууну даярдап жатат деп уккам, бирок, ага ишенген эмесмин. Алар бийликти алары менен дароо өтө коркунучтуу иштерди жасай башташты. Биринчиден, мародерчулук, бул тууралу баары билишет, экинчиден, банк ячейкаларын талап-тоноо. Ошондо гана мен аларга кошулуп алып өтө коркунучтуу, ыплас ишти жасап салганымды түшүндүм. Баса, ошондон бир аз убакыт өткөндөн кийин мен мамлекеттик бийликти басып алууга катышкандыгым үчүн элден кечирим сурап, билдирүү жасадым. 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар боюнча келечекте калыс иликтөөлөр болоруна мен ишенем”,- дейт Бекболот Талгарбеков.

Видео - Кыргызстанда Сөз эркиндигин коргоо комитетин түзүү жыйыны

Үстүбүздөгү жылдын 21-апрелинде, Бишкекте, Кыргызстанда Сөз эркиндигин коргоо комитетин түзүү боюнча демилгелүү топтун жыйыны болуп өттү. Жыйын орус жана кыргыз тилдеринде жүргөн. Ошол жыйындын айрым бир урунттуу учурларын камтыган видеотасманы сиздерге тартуулайбыз. Чогулушта чыгып сүйлөгөн Адил Турдукулов, Замира Сыдыкова, Нарын Айып, Бегалы Наргозуев, Өмүрбек Суваналиев, Равшан Жээнбеков, Мавлян Аскарбеков, Тимур Саралаев жана Элнура Кулуевалардын сөзүн тыңдаңыздар.

Кыргызгидромет: прогноз погоды с 1 мая до 5 мая

Агентства по гидрометеорологии при Министерства чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики предоставляет прогноз погоды на период с 1 мая до 5 мая 2016г.
Штормовое предупреждение!

С 30 апреля до 6 мая сохранится неустойчивая погода, временами дожди, в высокогорных районах снег, ожидается колебание температуры воздуха.
2 мая днем и 3 мая на большей части территории дожди, в горных районах снег, в отдельных районах осадки сильные. На высокогорных участках дорог снежные заносы, снежный накат и гололедица. Местами усиление западного ветра до 17-22 метров в секунду.
Такие погодные условия осложнят проведение сельскохозяйственных работ, выпас и содержание скота на пастбищах, работу автотранспорта и предприятий связи, энергетических и коммунальных служб.
С 30 апреля до 6 мая, в связи с ожидаемыми локальными ливневыми дождями по предгорным и горным районам республики селе опасно.
В городе Бишкек 1 мая без осадков, возможна гроза. Ветер западный от 4-9 метров в секунду. Минимальная температура воздуха ночью 8…10°, максимальная температура воздуха днем 24…26°.
В городе Ош 1 мая без осадков, возможна гроза. Ветер западный от 4-9 метров в секунду. Минимальная температура воздуха ночью 11…13°, максимальная температура воздуха днем 26…28°.
1 мая и ночью 2 мая местами кратковременные дожди, грозы, в высокогорных районах снег. На высокогорных участках дорог снежные заносы, снежный накат и гололедица. Ветер западный от 4-9 метров в секунду, местами с порывами 9-14 метров в секунду.
2 мая днем и 3 мая на большей части территории дожди, грозы, в высокогорных районах снег, в отдельных районах осадки сильные. На высокогорных участках дорог снежные заносы, снежный накат и гололедица. Ветер западный от 4-9 метров в секунду, местами с порывами 15-20 метров в секунду.
4 мая на большей части территории, 5 мая в отдельных районах дожди, грозы, в высокогорных районах снег. Понижение температуры воздуха.

Кыргызгидромет: 1-майдан 5-майга чейинки аба ырайы

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттиги берген маалыматка ылайык 2016-жылдын 1-майынан 5-майына чейинки аба ырайы.
Шашылыш билдирүү!

30-апрелден 6-майга чейин туруктуу эмес аба-ырайы сакталып турат, мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, абанын температурасы өзгөрүлүп турушу күтүлөт.
2-майда күндүз жана 3-майда көпчүлүк аймактарда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү жана жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Мындай туруктуу эмес аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
30-апрелден 6-майга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Бишкек шаарында 1-май күнү жаан-чачын күтүлбөйт, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 8…10°, күндүзгү жогорку температурасы 24…26° жылуу болушу күтүлөт.
Ош шаарында 1-май күнү жаан-чачын күтүлбөйт, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 11…13°, күндүзгү жогорку температурасы 26…28° жылуу болушу күтүлөт.
1-май күнү жана 2-май күнү түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү жана жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 9-14 метрге жетиши күтүлөт.
2-май күнү күндүз жана 3-май күнү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү жана жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
4-май күнү көпчүлүк аймактарда, 5-май күнү айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Өкмөт бардык облустарда заманбап фитосанитардык лабораторияларды курууну пландаштырууда

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 29-апрелде, ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу жана реконструкциялоо маселеси боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Кеңешме премьер-министрдин жакын арада өткөн жумушчу сапарынын жыйынтыгы боюнча өткөрүлдү. Анын алкагында ал республикалык ветеринардык диагностика жана экспертиза борбору жана борбордук фитосанитардык лабораториянын абалы менен таанышкан.

Өкмөт башчы белгилегендей, Евразиялык экономикалык биримдиктин негизги талабы – республикада эл аралык стандарттарга жооп берген ветеринардык жана фитосанитардык лабораториялардын болуусу эсептелет. Өкмөттүн мурда кабыл алынган чечимине ылайык, 2016-жылдын 1-августунан тарта ЕАЭБ өлкөлөрү менен чектешкен аймактарда ветеринардык көзөмөл алынууга тийиш. Аталган тапшырманы аткаруу иретинде премьер-министр ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу, реконструкциялоо ишин ырааттуу түрдө жүргүзүүнү тапшырды. Алгачкы баскычта Бишкек жана Ош шаарларындагы ветеринардык лабораториялар, андан соң аймактагылары модернизацияланат.

Өкмөткө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов маалымдагандай, республикада бүгүнкү күнгө карата 30 ветеринардык лаборатория бар. Жумаканов Өкмөт башчыга учурда лабораторияларды оптимизациялоо боюнча иш жүрүп жаткандыгын маалымдады, натыйжада, 11 лаборатория кыскартылат, калган 19 лаборатория модернизацияланат.

Айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев маалымдагандай, бүгүнкү күнгө карата өлкөдө Бишкек жана Ош шаарларында эл аралык стандарттарга жооп берген эки заманбап лаборатория бар. Анын айтымында, өлкө аймактарында дагы ушул сыяктуу беш лабораториянын курулушу пландаштырылууда, ал максатта 45 млн сом каражат керектелет.

Кадырбердиев камакка алынып, абалы начар

Ош шаарындагы “Ош Жылуулук” камсыздоо ишканасынын и.о. директору Беделбай Кадырбердиев “82 миллиондук өткөрүлгөн тендердин акчасын туура эмес пайдаланып, мамлекеттке 43 миллон сом зыян келтирди” деп УКМК камакка алгандыгы ырасталабы? Негедир мындай кабар маалымат булактарына чыкпай жаткандыгы кандай? Тузакка түшүп, былыгы билинээр замат Беделбай Кадырбердиевдин кан басымы көтөрүлүп, тез жардам унаасы менен ооруканага түшүп, дарыланып жаткандыгын билдиришти. Негизи элдин акчасы коромжуга кетпеш керек да, бу жагын ойлош керек болчу…

Булак: “Азия news”

Жоомарт Бошкоев “Таамайды” итбекер менчиктештирип алганбы?

Кыргызстанда эмне көп? Санаксыз генералдар! Ошолордун бири – Жоомарт Бошкоев. Бу киши мурдатан эле Кубанычбек Жумалиевге караштуу “Таатандын” коопсуздук жагын карап, ирденип алган эле. Кызыгы, кайсы бийлик келбесин, Жоомарт мырза президенттин айланасындагы таасирдүү персоналарга жакындап, достошуп, тыңдап оокат кылганды кыйла өздөштүргөнүн билебиз. Капчыгы калың, май кармаган генералдардын катарында. Тээ Аскар Акаевдин учурунда Ж.Бошкоев “Таамай” аттуу ок атуучу комплексти 42 миң сомго эле менчиктештирип алганы ыраспы? Бул боюнча убагында журналист Рина Приживойттун жазганы бүгүнкү күнгө дейре айтылат. Жылас алгырдыкы, А.Акаевдин жумшактыгын пайдаланган далай чиновниктер мамлекеттин мүлктөрүн менчиктештирүү менен байыганын санап отурсак, чач кирпигибиз түтөбү? Мына ошолордун ичинен Ж.Бошкоевдин ордун кандай анализдесе болот?..

Булак: “Азия news”

Сабыр Муканбетов, коомдук ишмер,: “Талгарбековдун ламбадасы...”

– Чукул арада жаңы өкмөт башчы, жаңы спикер шайланды. Мурда жумалап, “үч күн, беш күн бар, 15 күндүн ичинде бүтпөсө кайра башынан” дешип эле кыжы-кужу болуп атышчу эле, бу сапар чагылгандай тездик менен эле орду-ордуна келип калып жатат…

– Бул эми, биринчиден азыр “жаз жарыш”, убакытты созуп отураар убакыт эмес. Экинчиден, ооба, азыр ошондой тездик менен уюштуруу маселелерин чечүү мүмкүнчүлүгү бар борбор бар! Азыр ошондой көзөмөлдөөчү, консалидацияга алып келүүчү ролду президенттик институт аткарып жатат. Бул жакшы, эгер ошол башкы күч элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн гана алпурушса. А эгерде, улуттук кызыкчылыктар четте калып, жеке кызыкчылыктар алдыга чыгып кете баштаса анда чатак. Тилеке каршы, бизде ушуга байланыштуу катачылыктар көп кетирилгендиктен, эл ичинде нааразычылыктар чыгып атпайбы. Андыктан, жакшылыктан үмүт үзбөй, жакшыга жоруп, ниет кылалы, анан көрө жатабыз да.

– Жаңы өкмөт башчы, жаңы төрага тууралуу эки ооз кеп. Кандай адамдар келди деп ойлойсуз?

– Бул эки мырзанын отурган орундары эле алар үчүн жаңы дебесек, Сооронбай Жээнбеков деле Чыныбай Турсунбеков деле жаңы адамдар эмес. Өзүбүздүн арабызда эле жүргөн, эски тааныштар. Эң негизгиси, экөө тең 60ка таяп, токтолгон, жулуңдап, жутунуп, сугалактанбаган, элге-журтка таанымал адамдар. Жаштарга окшоп, кызуу-кандуулукка алдырып, катачылык кетирбейт, казынага колун салып, уурулук кылбасына ишеним артса болот. Ал эми, берки, Канатбек Исаев менен Бакыт Төрөбаев азыр жаш, алардыкы алдыда кем дегенде дагы 20 жылдык саясатта жүрүүгө убактылары бар. Албетте, түз жүрүшсө.

– Аныңыз туура. Коомчулук деле эки жаңы жетекчи тууралуу “топуктуу, токтоо, ишенимдүү” деп жатышат. Бирок, эл “жоош, кашаң” дешип, азыркы заманда ыкчам, чапчаң адамдар керек экендигин, антпесе өнүгүү болбой тургандыгын да айтышууда. Буга кандай дейсиз?

– Албетте, коом алдыга карай жылып, көзгө көрүнүктүү секирик жасашы үчүн кескин чаралар, алгылыктуу реформалар жүргүзүлүшү керек. Анан да өзүң айткандай жаш, ыкчам кадрлар керек. Бирок, ошого кошумча, коомчулук козголуп, ошол реформаларды колдоого алып, жалпы эл аракеттенип, эмгектенсе, ошондо жыйынтык болот. Антпесек, бир жаш атты чегип алып, баарыбыз арабага минип алсак кандай болот? Ат жинигет да. Ошондуктан, бир адамга ишенип отуруп албай жалпылап иштешибиз керек. Анан, чапчаң жаштарды деле коюп көрбөдүкпү, алар токтоно албай, азгырылып бармагын жалабай, чыканагына чейин малып ийип жатышпайбы. Анүстүнө, бул экөөнү деле картаң дегенге ооз барбайт, эр ортону элүү жаштан жаңы өтүп, алтымышты таяп турушат. Президент 60, премьер 58, спикер 56 жашта экен. Негизи экөө тең кой маарек! “Жайла-аап өнүгүп калабыз” эле дегенибиз болбосо, “казынабызга кол салышпайт” деп ишенсек болот.

– Парламенттик оппозиция тууралуу бир-эки ооз айтсаңыз. Парламенттеги оппозициялык  “Республика – Ата Журт”, “Бир Бол” фракциалары спикерликке талапкер алып чыга алышкан жок. Принцип үчүн болсо да, каршы добуш бергендин ордуна башкаруучу коалициянын чачпагын ала жүгүрүп жүрүшкөнүнө кандай баа бересиз?

– Бааны өзүң берип койдуң. Бул эки фракцияга негизинен мыйзамсыз жолдор менен байыган, арты таза эмес адамдар жыйналган. Алар кара жанын, бизнесин коргоо үчүн мандатка умтулушкан. “Камалып кетпесем экен” деп калтылдап турушса, кайдагы оппозиция? Булардан “толк” чыкпайт. Бийлик алсыраса кутуруп, башка чыгышат, колдон келсе казынага кол салышат. Болду, ошол. Булардан элге эч жакшылык жок. Элдин шору да. Бирок, буларды да биз өзүбүз шайладык, ошондуктан, бизге да убал жок!

– Эми көчө оппозициясы тууралуу. Жаз алды менен биринчи баштаган оппозициячылдар Бектур Асанов, Кубан Кадыров, Эрнест Карыбеков камалып, Дастан Сарыгулов үй камагына алынып токтошконсуду эле, эми артынан “Элдик парламент” деген уюм дүңкүлдөп чыгып, тез эле четинен бириндей баштаганы байкалууда. Эмне себептен салмактуу, эл ишенимине арзыган оппозиция түзүлбөй жатабы?

– Бул тууралуу мен бир нече ирет айткам. Негизинен, бул элдин саясатчыларга болгон ишенимдин кеткендигинен болуп жатат. Эки жолу элибиз оппозицияны колдоп, элдик көтөрүлүшкө чыгып, ишеними акталбай калгандан кийин шаабайы сууп калды окшойт. Анүстүнө салмактуу, ишенимдүү программа түзүп, талбай эмгектенип, ошол оюн калктын калың катмарына жеткизип иштеген колориттүү саясый күч жок. Баары эле чудо күтүп, кучка-кучка болуп, ич ара ызырынып жүргөндөн башка иш кылышпаса кайдагы оппозиция? Эл менен байланыш жок. Эл менен байланышып, чоо-жайды түшүндүрүшпөгөн өзүлөрүнүн күнөөсүн сезишпей, кайра элге жинденип отурушат, “эмне булар бизге окшоп, бийликти жек көрүшпөйт, бизди колдошпойт!” дешип. Иштеш керек да, эл менен. Мына мен 25 жылдай жалаң оппозициачылдар менен жүрдүм. Алар, тынымсыз жолугушууларды, жыйындарды, курултайларды, митингдерди өткөрүп, эл менен жолугушуп, медиа пландарды түзүп, тиражировать этип катуу иштечүбүз күнү-түнү.

Кубан Кадыров көлдүк иним да, ага да Бектур Асановго да беш-алты ирет, жакшы эле акыл, кеңешимди айткам. “Мындай иштебегиле, стиль, лексиконду өзгөрткүлө” деп. Эмне болду эми? Сөздөрүнөн жаңылып, колго түшүп беришти. Бирок эчтеке эмес. “Жакшы ат кермеде, жакшы киши түрмөдө” дейт кыргыз. Булардыкы эми кылмыш деле эмес. Коом тынчтанып, саясый иш-чаралар бир жаңсыл болгондон кийин чыгышат. Каторгага айдалган жок да. Сабак болот!

– “Элдик парламент” тууралуу айтпай кеттиңиз. Абдыганы Эркебаев, Кубанычбек Жумалиев ж.б чыгып кеткени айтылууда. Түзүлө элек жатып таркап жатканы кандай?

– Эми “Элдик парламент” деп атпайбы. Элдик болуп атса, элдин баары ошол жакта болуш керек да, туурабы? Анан ошол, “ЭЛДИК” десек, элдин баары кирип алса көп болобуз” деген ой болушу да толук мүмкүн да. Анан Абдыганы аке деле “элдин баары чогулуп атат” деп барып, “маданияттуу түрдө вальс бийлейм го” деп турса, Талгарбеков капысынан ЛАМБАДАнын музыкасын кое салса, кантип бийлейт? Сакалдуу кишиге кругка тура калып, бирөөнүн артына тыкыр жабыша куйругун булгактатуу оңойбу? Этикалык жагын айтпаганда деле жашап калган кишиге муундар деле жол бербейт да (тамаша). Ал эми Кубанычбек Жумалиев көчүгү чыдабай чыга качканы айтылууда. Ал, анан дагы бир-экөө “мына, биз Талгарбековду таштай качтык” деп кылмыш иштерин жаптырып алганы айтылууда. Ачыгын айтканда, “Элдик парламенттин” атынан жарык көргөн ыксыз катуу билдирүүлөрдү чыгаруу — мүчөлөр менен макулдашылбай тар чөйрө тарабынан жарыяланып кеткен, ошон үчүн нааразы болгондор четинен кетүүдө.  Негизи Бекболот Талгарбеков өзү таза, принципиалдуу, туруктуу адам. Акаевдин командасынан артынан сатпаган жалгыз ушу киши болсо керек. Коркок билиши жок болгондуктан, дүүлүктүргөндөргө ишенип алып, катуу кетип жатат. Негизги катачылыгы тизмектегендеринин баарын өзүндөй көрүп, ишенип алгандыгында. Алардын арты пок, жүрөктөрү жок экенин эсепке албай…

Булак: “Азия news”

Динара Суймалиева, Данияр Нарымбаевдин жубайы: “Калп маалымат айтып, күйөөмдү коррупционер атагандарды сотко берем”

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевдин жубайы  Динара Суймалиева элге калп маалымат, ушак тараткандыктары үчүн граждандык активисттерди сотко бермей болуп жатат. Бул тууралуу 24.kg  маалымат агенттигине билдирген.
Анын айтымында, жакында эле Роба Тураева деген аял менен Нариман Түлеевдин мурдагы коомдук коргоочусу Качкын Булатов маалымат жыйынын уюштуруп, Данияр Нарымбаевди коррупционер катары аташып, Алмазбек Атамбаевди  “аны актабоого” чакырган. Айткандарына далил иретинде тигил экөө “Данияр Нарымбаевге тиешелүү” деп өздөрү эсептешкен мүлктөрдү санап, мисал келтиришиптир.
“Бирок алардын айткандарынын баары жалган, калп. Алар санаган мүлктөрдүн ичинен бар болгон мүлк – менин жашап жаткан батирим гана. Мен ал батирге Нарымбаевге күйөөгө чыкканга  чейин, 1998-жылы эле ээ болгомун. Алып-сатуу боюнча келишимде ал эки батир деп жазылган, анткени, мурун ал батир бири эки бөлмөлүү, экинчиси бир бөлмөлүү батир болуп, кийин гана бириктирилип, ошол бириктирилген батир да расмий катталган. Биз мына ошол батирде жашайбыз. Калган мүлктөрдүн баары – азыркы учурда бизге жардам берип жаткан адамдардын мүлктөрү. Мисалы, соттук процесстерге мени үй-бүлөбуздүн ынак достору Канат Хасанов менен Өкмөтбек Алмакүчүков машинеси менен алып келип, алып кетип турат, Хасановдун өзүнүн “Мерседес-Бенц” унаасы, Алмакүчүковдун өзүнүн “Лексус” автоунаасы бар, алардын машинеси биздики эмес да, алардын өзүнүкү. Булатов менен Тураева санаган мүлктөрдүн арасында жолдошум Нарымбаев экөөбүздүн Алмакүчүковго тиешелүү бизнесте үлүшүбүз бар имиш, эми бул да калп. Квартиралар тууралуу да көп сөз айтышыптыр. Бир квартира Даниярдын тууганы Бахтияр Нарымбаевге таандык, ал киши ошол батирине 2001-жылы ээ болгон, менин жолдошум Данияр тек гана ал жерге  катталган. “Толубай Ата көчөсүндө да үйү бар” деп жазышыптыр, ал бир бөлмөлүү үйдө жубайы менен ажырашкандан кийин 2013-жылга чейин эле жашаган. Кийинчерээк биз аны сатканбыз, бул маалыматка кызыгышса, мамлекеттик каттоо кызматынан текшертишсе болот.
Биз ошол маалымат жыйыны учурунда тигил кишилер айткан баардык мүлктөр боюнча документтерди көрсөтүп, ал мүлктөр кайсы учурдан баштап, кимге тиешелүү болгондугунан бери далилдүү көрсөтүп бердик, себеби, бул маалымат жыйынында эмнелер айтылаары боюнча аталган маалымат агенттиги коомчулукка алдын-ала эле жар салышкан болчу да. Бирок, негедир биздин берген далилдүү документтер боюнча маалымат агенттиги эч нерсе жазбаптыр. Болгону Булатовдун пикирин гана жарыялап коюшканына таң калдык. Мындан тышкары, Булатов “Түштүк магистраль жакта Нарымбаев жана анын жубайына караштуу 250 квадрат өлчөмдү ээлеген элиталык үйү бар” деп да жулкунду. Чынын айтайын, эч убакта биздин “элиталык үйүбүз” болгон эмес. Мен бул маалыматтарды сот аркылуу төгүндөтүү ниетим бар” деди Динара Суймалиева.
Буга улай Данияр Нарымбаевдин укугун коргоп жаткан юристтер менен акылдашып, кеңешип Булатовдор айткан жалган маалыматтар боюнча сотко кантип кайрылуу керектигин кеңешип, сот аркылуу акыйкаттыкты коомго жеткирээрин билдирди.
“Жалган маалыматтарга таянып, ал адамдар менин жолдошумду коррупционер катары аташып, ошол дымактары менен сотко жана бийликке басым жасашып, күйөөмдүн камалышы керектигин айтышууда” деп оюн жыйынтыктады Динара Суймалиева.
P.S. Айта кетсек, Нариман Түлеевдин таламын талашып жүрүшкөн Качкын Булатов менен Роба Тураева өткөргөн маалымат жыйынына президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаевдин жубайы Динара Суймалиева, Нарымбаевдин  жакын досу Өкмөтбек Алмакүчүков жана адвокат Хасанов да келишип, маалымат  жыйыны  учурунда айтылган мүлктөр боюнча далилдүү бүт документтерди көрсөтүшүп, К.Булатовдун бетине карап калп айтып жатканын билдиришкен. Суймалиевнын айтымында, Булатов жүйөлүү кеп айта албай, кайдадыр качып-житип кеткен соң, Роба Тураева “документтерди окубагандыгын, бул жакка Качкын Булатовго таянып келгендигин, албетте, кур ооз жалаа жабуу туура эмес экендигин” билдирген.
Булак: “Азия news”

Энергохолдингдин ишине Исаевдин ичи чыкпайт

29-апрелде “Кыргызстан” парламенттик фракциясынын жыйынында республиканын энергетика тармагындагы жүргүзүлүп жаткан реформалар жөнүндө маселе каралды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

“Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКсынын төрагасынын орун басары Нурлан Садыковдун маалымдашынча, “Улуттук энергетикалык холдингди” 5 млн. сомдук уставдык капиталы менен өкмөт түзгөн. Учурда бул мекемеде орточо айлыгы 15 миң сом менен 27 кызматкер иштеп жатат. Холдинг энергетикалык түйүндөрдөгү жоготууларды ар жыл сайын 1-2 пайызга азайтып, 5 жыл ичинде 9 пайызга чейин түшүрүүнү пландап жатат.

Фракция лидери Канатбек Исаев энергетика түйүндөрүндөгү жоготууларды азайтуу үчүн энергохолдинг түзүү зарылчылыгына күмөн экенин билдирди. “Бул көйгөй менен Энегргетика министрлиги толугу менен алектенмек”,- дейт К.Исаев.

Депутат Нурланбек Макеев бул мекеменин аталышы туура эмес деген пикирин ортого салды. “Бул холдинг эмес, ачык акционердик коом” деген депутат “Энергетика” ААКсы деп атын өзгөртүүнү сунуштады.

Талкуу жүрүшүндө депутаттар электр кубатын өндүрүүнүн өздүк баасына, калк үчүн электр кубатынын баасын ылдыйлатуу мүмкүнчүлүгүнө кызыгышты.

Нурлан Садыков депутаттардын Казакстандан электр кубатын импорттоо жөнүндө суроолоруна жооп берип жатып, электр кубатын импорттоо 1 кВаты 9 тенгеден жүргүзүлүп жатканын билдирди. “Кыш мезгилинде электр кубатынын баасы жогорулайт, андыктан, Токтогул суу сактагычына сууну топтоо максатында импорт азыркы учурда алынып жатат”,- дейт Нурлан Садыков.

Патриот менен сексоттун айырмасы

Эмне үчүн Европа жана АКШ өнүгүп жатат, ошол эле убакта бизге өнүккөн өлкөлөр жардам берип жатса дагы, жакырчылыктан чыга албай койдук? Анан эле ошо батышты АКШны жамандап келип, барып келсек барктанып калабыз. Батыштан келген демократияны дагы жерип, же өзүбүз улуттук демократияны кура албай, күнөөнү АКШ, Батыш Европага оодара салган адатыбыз калган жо. СЭМ байкелер бизди карызга батырып, итке мингизди деп күнөөлөй беребиз, өзүбүз ууру экенибизди билбейбиз. Эмнеге демократиялык өлкөлөр өнүгүп, каражат диктатурасын жүргүзүп, коопсуздугун коргоп келишет, биз болсо өзүбүздүн кетирген каталыкты көрбөй, такай башка элди күнөөлөгөндү өнөр катары кабыл алып, күнөөнү башка улуттарга оодара салабыз? Бул суроо көптөн бери жүрөктү өйүтүп келет. Бир чети кыргыздын чала псевдо патриоттору бакылдашат, “биз кыргыздын нукура салт сабыры менен өнүгөбүз, бизге батыштын демократиясы кереги жок” дейт. Эң кызыгы кыргыздын улуу дөөлөттөрүн орнотууга жана өнүгүү багытында программасы жок. Программасы болсо дагы кантип ишке ашырат, бул чоң суроо жаратат. Оба кыргыздын нукура салты, үрп-адаты, меймандостугу көп элдин салтынан айырмаланат, ал талашсыз. Бирок өнүгүүгө андан башка баалуулук керек экен, ал үчүн илимдүү, билимдүү, жогорку калыптанган адистер, менеджерлер, дагы толгон-токой жаратман адистер болсо, ошондо дагы демократиялык башкаруу орношу зарыл, болбосо эч качан өнүгүүгө багыт ала албайбыз. Жанагы бакылдаган псевдо патриоттордун колунан эчтеке келбейт, калп эле кыргыздын бийик даражасын көтөрүп жаткансыйт. Биринчи кыргызды илимдүү, билимдүү кылып, завод-фабрикасын куруп алса, кыргыздын даңкы өзү эле көккө жетпейби.

Демократиянын улуу баалуулугунун бири – жарандын берген малыматына бийлик жоопкерчилик менен карап, чечкиндүү, адилеттүү чара көрүүсүн милдеттендирет. Жарыя кылынган маселени так чечип, коомду канааттандыруу, бийликтин милдети. Бардык чечилбей келген маселелерди, так, ачык чечмейинче, маселе ордунда тапталып тура берип, коррупциянын өнүгүүсүнө алып келет. Маалыматты убагында чечип берсе, ошондо гана коом бийликке ишеним артышат. Чечилбеген маселе нааразычылыктын булагы боло берет.

Өнүккөн өлкөдө маалыматты убагында тез жеткирүү өтө манилүү экенин ар бир жарандын аң-сезимине киргизип таасир кылышат, маалыматтын баалуулугун баалашып, бала-бакчадан баштап окутуп, үйрөтүп, коомго, өлкөгө өтө маанилүүлүгүн түшүндүрүп, жоопкерчилик менен аткарышат. Тегеректе эмне жат нерсе болуп жатканын көрүп калса дароо бийлик бутактарына, күч органына маалыматты жеткирип берүүнү милдеттүү аткарышат. Ошондо гана патриоттук милдетти аткарып, өлкөгө пайда алып келишет.

Ошондуктан батыш өлкөлөрдө бала кезинен баштап, маалымат жеткизүүгө тарбиялап, баланы патриоттукка үйрөтүшөт. Маалымат жеткизүү өлкөнүн идеологиясынын өзөгү болуп саналат. Коом көргөн, билген, уккан маалыматты тиешелүү жерге билдирген патриоттук, жарандык милдетин аткарган эң жогорку сапат болуп саналат. Кыргызстанда болсо маалымат берсең СЕКСОТ деп биринчи иретте ажобуз баштайт. Бийлик ПАТРИОТтук менен СЕКСОТтун айырмасын билбей жатат. Активдүү жаран, коррупцияга аралашкан кызматкер жөнүндө малымат жазсаң, же тергөөчүнү, бандитти, ууруну көрүп кабарласаң, бийлик баалабай койгону өкүнүчтүү. Акыйкат издеген адамды кантип патриот дебейсин? Балким патриот адамды кылмыш кылган чиновник сексот деп кабыл алышы мүнкүн. Маалыматты күч органдары тескери пайдаланып, акча жасаган инструмент кылып алганы өкүнүчтүү, өлкөгө эбегейсиз зыян келтирип жатышат, мындай көрүнүштү Атамбаев жакшы эле билет, бирок жетекчилик жаратмандыгы жок үчүн башаламандыкка жол берип койгону кылмышка тете. ИИМдин мурдагы жетекчиси Шамил Атаханов айткан жери бар “коррупцияга малынган милиционер, уюшулган кылмыш топтон дагы ири зыянга учуратат”. ИИМ, УКМК, прокуратура эң биринчи иретте реформаны маалыматтан башташ керек, андан башка жол жок. Миң жолу реформа кылсаңар дагы маалыматка басым жасабасаңар колуңардан пок дагы келбейт. Бирок мен Американы ачып жаткан жокмун, муну бардык генералдар билет, алар акчадан кур калат –  “иттин өлүгү ушу жерде жатат”. Эмне үчүн генералдар чындыкты айтпайт? Бул генералдар мамлекеттин кыйросуна жол бергендер, же жалганбы?! Бийликтин кылмышын көрүп, билип жашырган куурчак генералдар баары антты бузган кылмышкерлер, муну  эсиңерден чыгарбагыла. Мисалы, Садыр Жапаров ачык чындыкты айтты, бир далай Кумтөрдүн тегерегиндеги уурулук кылмыштын бетин ачыкка чыгарды. Бийлик урматтоонун ордуна куугунтукка алышты. Бийлик, парламент азыр дагы уурулук менен алек болгонун кантип жашыра алабыз? Садыр Жапаров, Мелис Мырзакматовдой ачык чыккылачы, бир дагы генералдын духу жетпейт, чыгып чындыкты бетке айта албайт. Жакында генерал З. Рысалиев “менин бомбам бар, жардырып ийем” дейт, ушундай дагы генерал болот экен. Өз убагында, тез жардырган генералдын милдети, жашырган кылмыш экенин кантип түшүнбөйт?! Айла жок ушундай генералдар мамлекетти талкалагандар, өкмөт кылмышкер генералдарды ардактап багып келебиз. Патриоттуктан алыс, уяты жок генералдарды өстүрдүк, ошо генералдар мамлекеттин экономикасын талкалаганга жол берген кылмышкерлерди мыйзам ченеми менен жоопко тартпайбыз. Жакында экс-башкы прокурор, учурдагы депутат Аида Салянова, жемкорлукка каршы күрөшкө жалпы коомчулукту тартуу иретинде маселени чечүүгө аракет болуп жатканын, коррупция тууралуу маалымат бергендерге сыйлык берүү жөнүндө оюн айтты. Чындыгында мындай кадамды кош колдоп колдойт элек. Мындай аракеттер мурун деле болгон. Бирок андай аракетти көбүнчө өзүлөрүнө ыйгарып алчу. Ылайым эле Аиданын сунушу өтсө, жемкорлукка күрөш алдыга жылмак. Мисалы, укук коргоочу Анарбай Орозов, башкы прокурордун биринчи орун басары Кылычбек Токтогуловдун жемкорлукка аралашканын далилдүү фактылар менен ачык айтып чыккан жана далилдеп бергенге даярмын деп көп жолу ММК аркылуу жана башкы прокурорго арыз менен кайрылган. Акыры Анарбай Орозовго куугунтук уюштуруп,  К.Токтогуловдун буйругу менен жалган токулган кылмыш иш аркылуу Анарбай Орозовду камап, жок кылганы турушат. Көрсө Кылычбек Токтогулов Ак үйдөн колдоо таап койгон экен, канча арыз жаздык, бирин дагы текшерүүгө алган жок, кайра өзүбүздү минтип камап жатат. Эгерде бийлик бутактарындагылар баары “крыша” күтүп алса, өлкөнүн тамтыгы кетпейби? Ансыз деле экономикалык, саясый кризиске кептелип калдык. Атамбаев журт атасы болгондон кийин тизгинди бош кармабай, “крышаларды” тыйып өлкөнү баш аламандыктан сактап калыш керек. Биз жарандык коом бычак мизинде жүрүп, жемкорлордун жүзүн ачканга жардам бергенибиз үчүн камалып, кордук көрөбүзбү? Ансыз деле алдыбыз камалып, куугунтукта жүрөбүз.

Алмаз Шаршенович, өзүңүздү куугунтук калып жүргөндө ошо биз эле жөлөк болуп жүрбөдүк беле, же унутуп калдыңбы? Демогог генералдар сизди адаштырып, жалган маалымат менен сугарып келе жатканын билет бекенсиз. Кош бийлик болуп баратат, баш аламан болуп, кан төгүлүп кетсе ким жооп берет? Реформаны маалыматтан баштасаңар, өлкө оңолуп, өнүгүү жолго түшөрүнө толук ишеним бар. Жалган маалыматты берген генералдар СЕКСОТтукка жатат, муну эсиңерден чыгарбагыла.

Укук коргоочу Качкынбек Булатов  

Жаңы өкмөт башчынын тагдыры күздө чечилет

Азырынча жаңы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун өзгөчөлөнгөн кадамдарын деле байкай элекпиз. Анча-мынча кадрдык алмашуулар жогор жактын каалоосуна жараша чечилгени айтылууда. Бийлик системасын образдуу түрдө элестеткенде, от алып, жүрүп бараткан машине сымал иштей берет эмеспи. Ошол машиненин рулундагы, өкмөттү тизгиндеген мырзанын келечектеги түйшүктөрү боюнча азыноолак ой жүгүртөлү.

Кыргызстан ЕАЭБге даярдыксыз мүчө болгонун билесиңер. Анын айынан өткөн күздөгү айыл-чарба продукциялары өтпөй калганы, дээрлик бизнес жаатына залакасын тийгизгени факт. Мына ошол бөксөлүктү толтура албай турабыз, маселен, эт, сүт азыктары текшериле турган лабораториялар алигүнчө курула элек. Эгерде ЕАЭБдин талабына ылайык, өндүрүлгөн айыл-чарба продукцияларына лицензия ала албасак, анда быйылкы күздө дагы кыйынчылыктарга дуушар болобуз. Натыйжада, кичи-орто бизнесмендер, дыйкандарыбыз кайрадан банкротко учурап, элдин турмушу ого бетер начарлап кетиши турган иш. Мындай шартта экономикалык көрсөткүчтөр төмөндөп, карапайым калк ичинде жашоо-шарттын кесепетинен социалдык жарылууга жол ачылат. Андыктан, С.Жээнбеков чукул арада ЕАЭБдин шартына жараша кыргызстандыктардын соода саясатына терең көңүл буруп, бүтпөй аткан лабораторияларды ачтырып, өндүрүлө турган товарларга лицензия алып бериши зарыл. Бул оңой иш эмес. А күзгө чейин үлгүрөбү? Дал ушул жагы орчундуу көйгөй катары калууда.

Андан башка дагы жетишсиз жактарыбыз арбын. Ошол эле ЕАЭБдин курамындагы өлкө катары Кыргызстан толук кандуу аралашып калса, атаандаштык жактан соода жүгүртө алабы? Бул жагы да өкмөттүн профессионалдуулугуна, иштөө сапатына жараша болот. Бизде кадам сайын кризистик кырдаал түзүлө берет. Учурда айыл-чарба жаатында дыйкандар айдап-себүү иштерин толук кандуу жүргүзө албай, өп-чап жашоо кечирүүдө. Каржылык каатчылык күч. Жай келсе, суу тартыш, сугат талаалары какшыйт. Ошентип, күздө дагы жыргабай атпайбызбы…

Эсиңерде болсо, экс-премьер-министр Т.Сариев антикризистик программасын иштеп чыгуу жаатында аксаганы, акыр аягында саясый оюндардын курмандыгы болгону эл оозунда калды. Ошентип жүрүп, тендер чуусуна командасы аралашып, аягы коррупцияга шектүү адамдардын “күңүрт тизмеси” даярдалып калды… Эми С.Шарипович андан сабак алышы кажет. Кашаңдык, жүүнү боштук кылуу кыяматка апкелет. Мамлекетти жарга такайт… Сырткы-ички инвесторлорго шарт түзүү, салык төлөөчүлөрдү ашыкча текшерүү жагын көзөмөлгө алуу парз. Өлкөдө уюшкан кылмыштуулуктун бир канча топтору жүрөт, аларга бизнес жаатын тымызын түрдө сүлүк курттай сордурбаш керек. Эң башкысы, С.Жээнбеков өкмөттүн алдыдагы программасын, багытын аныктап алып, кол алдындагы жетекчилерге темирдей тартип менен иш ыргагын жандандыруусу шарт.

Эгерде күзгө чейин премьер-министр жаңы ачылыштарды жасай алса, туризм жагын көтөрсө, энергетикалык көзкарандысыздыктан чыксак, ЕАЭБдин жогорудагы маселесин чечсе, сырттан инвесторлорду тартуунун жолун тапса, анда жолубуз ачылат. Тескерисинче, С.Жээнбеков кабинет кайтарып эле алты айды өткөзүп жиберсе, анда нааразычылыктар курчуп, күзүндө кайра жаңы өкмөттү шайлоо саясый оюнуна туш болобуз.

Кыргыз саясатында өкмөттү кетирүү эң эле оңой иш экенин түшүндүк. Өнүккөн кээ бир өлкөлөрдө жарым жыл, же ай сайын өкмөт алмашып турат эмеспи. Ансыңарындай, биз деле “ит жыгылыш” оюндарга көнүп алдык…

“Азия news”

Бу саам Бабанов мырза Атамбаевди алдай албайт

Саясый аренада Өмүрбек Бабановдун өзгөчө орду бар, парламентте болсо, СДПКдан кийин “Республика – Ата Журт” фракциясы көп добушка ээ экени белгилүү. Мындай мүмкүнчүлүгү менен Ө.Токтогулович премьер-министрлик, спикерлик орундарга альтернатива катары чыкканга мүмкүнчүлүгү зор болчу. Өзү чыкпаган күндө дагы партиялаштарынан татыктуу адамды түртүп, бийликке атаандаштык жактан саясый үлгүнү көрсөтсө болмок. Ошондо демократиялык баалуулуктар көркүнө чыгып, парламентаризмди өнүктүрүүгө жол чабат эле. Тилекке каршы, Ө.Бабанов кулагын жапырып, бийликтин астында жалтактаганын жашырбай эле коалициядагы башка фракция лидерлеринен озуп чыгып, спикерди шайлоодо Чыныбай Турсунбековду колдой турганын шардана кылган. Элдин көзү көрөгөч да. “Кошоматка кой сойгондой” позициясы көпчүлүктү ирээнжитип койду. “РАЖ” фракциясы парламентте оппозициялык ролду ойношу керек эле, элдин таламын талашып, бийликти сындоо менен жүздөрүн сактап калуунун ордуна, тескерисинче, жалмаңдоо жагына өтүп алышты. БӨТ ойлоп атат окшойт: “Алмаз Атамбаевдин кареги менен тең айланып турсам, ишенимине акырындык менен кирсем, анан президенттик шайлоого катышууга “добро” алам” деген кыязда. Жо-ок, А.Шаршеновичти алдай албайт. Мурда далай жолу баш айлантып келсе, бу саам андай “фокс-мокстары” өтпөй турганын эшиттик. Ток этери, Ө.Бабановдун соңку позициясынан эле коомчулук түшүндү, ага карата эң төмөн баа бериле турганын күткүлө…

Булак: “Азия news”

Лунара Мамытова: “Депутаттык кызматтан кетүүгө арызымды жаздым, кресло үчүн өлбөйм”

Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясынын депутаты Лунара Мамытова өз каалоосу менен депутаттык кызматтан кетүү туурасында арыз жазды. Бул тууралуу 29-апрелде ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

“Бүгүн өз каалоом менен депутаттык кызматтан кетүү туурасында арызымды жаздым. Мен үчүн адам бойдон калуу – башкы максат! Кресло үчүн өлбөйм!
Кыргызстаныбыздын саясий чөйрөсүндө аз убакыт болсом да, саясаттын чыныгы жүзүн биле алдым. Депутаттык ишмердигимде саясатчыларга көңүлүм калган учурлар болду. Саясатта бул кадимки көрүнүш. Албетте саясий чөйрөдө мен сыймыктанган адамдар бар. Депутаттык ишмердигимде ийгиликтер да болду. Мени колдоого алган “Бир Бол” фракциясынын депутаттарына, лидер Алтынбек Сулаймановго, катчылыкка ыраазычылык билдирем.
Достор! Бир нерсени билгиле. Депутаттардын баары эле силер ойлогончолук жаман эмес, мен да ошентип ойлочумун. Өлкө үчүн иштегендер да бар”, – деп айтылат Мамытованын билдирүүсүндө.

Сооронбай Жээнбеков Түркиянын вице-премьери Йылдырым Тугрул Тюркеш менен жолугушту

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 29-апрелде Түркиянын вице-премьер-министри Йылдырым Тугрул Тюркеш менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Кыргызстан жана Түркия ортосундагы мамилелер достук жана өз-ара түшүнүшүүнүн негизинде курулуп келген. Түркия алгачкылардан болуп биздин республиканын көзкарандысыздыгын тааныган. Ошол мезгилден тарта биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтык чыңдалуу менен катар оңдуу көрсөткүчтөргө ээ болууда», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстанга кыргыз-түрк «Манас» университетинин негизделишине 20 жыл толгондугуна байланыштуу иш-чараларга катышуу максатында келген конок менен учурашууда.

Премьер-министр билим берүү жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун өнүгүү деңгээлине канааттангандыгын билдирип, аталган тармактагы биргелешкен ийгиликтүү долбоорлордун катарында кыргыз-түрк «Манас» университетин атады.

«Университет өлкөбүздүн жогорку билим берүү тутумун өнүктүрүүгө чоң салым кошту. Буга катар кыргыз студенттеринин көпчүлүк бөлүгү окутуунун жогорку деңгээли калыптанган түрк университеттеринде билим алууда. Белгилесек, Түркия Өкмөтү жана түрк университеттеринин жетекчилиги кыргыз студенттерине чоң колдоо көрсөтүүдө», – деп белгиледи Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Өз кезегинде Йылдырым Тугрул Тюркеш кыргыз-түрк эки тараптуу мамилелерин көп багыттуу өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Эки өлкө ортосундагы кызматташтык экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда динамикалуу өнүгүүдө. Өз-ара пайдалуу кызматташтыктын үлгүлүү мисалы катары быйыл негизделгенине 20 жыл толгон кыргыз-түрк «Манас» университетин келтирсек болот. Менин ишенимимде, аталган университет өзүнүн миссиясын улантып, бир тууган эки эл ортосундагы байланыштарды чыңдоо үчүн маанилүү көпүрө болуп берет», – деди Йылдырым Тугрул Тюркеш.

Маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташууну чыңдоо, анын ичинде билим берүү жана маданият тармагында тыгыз кызматташуу боюнча пикир алмашты.

Казахстан: Государственные субсидии помогают или вредят СМИ?

Государственная программа, целью которой является продвижение «положительных новостей» в СМИ, в последнее время попадает лишь в негативные заголовки.

В феврале по обвинениям в мошенничестве и хищении средств был арестован известный журналист Сейтказы Матаев. Одним из пунктов обвинения является присвоение сотен тысяч долларов, выделенных из бюджета на так называемый госзаказ.

Данное дело привлекает внимание к госпрограмме, по настоянию властей призванной содействовать развитию СМИ, а по утверждениям критиков являющейся механизмом по стимулированию положительного освещения текущих событий в «лучших» советских традициях.

В рамках запущенной в Казахстане в 2010 году программы по субсидированию масс-медиа были объединены несколько источников финансирования проправительственных изданий. В частности, за счет средств данной программы покрываются расходы государственных СМИ, а частные средства массовой информации могут получить финансирование по конкурсу.

По утверждению следствия, мошеннические действия Матаева имели место в 2010-2015 гг. В этот период государственный Комитет связи, информатизации и информации заключил пять договоров с информационным агентством КазТАГ в лице его директора Асета Матаева, сына Сейтказы Матаева. По сообщениям, высокопоставленные руководители комитета, также являющиеся фигурантами дела, сказали следователям, что в ходе гостендера Сейтказы Матаев якобы воспользовался своим влиянием, чтобы устранить конкурентов и добиться присуждения контрактов КазТАГу.

Представители информационного агентства отказались говорить с EurasiaNet.org по поводу расследования.

Некоторые обвинения в адрес Матаева, являющегося главой Союза журналистов Казахстана и президентом Национального пресс-клуба, проливают свет на недостатки госзаказа.

КазТАГ получает часть доходов за счет подписки. По версии следствия, информационное агентство совершило мошенничество, включая статьи, оплаченные государственной телекоммуникационной компанией «Казахтелеком», в список материалов, доступных только по подписке. Следователи утверждают, что агентство получило от «Казахтелекома» на публикацию этих статей 260 млн тенге ($775 по нынешнему курсу).

Эксперты отмечают, что когда государство платит сайтам и телевизионным станциям за материалы о решениях и достижениях правительства, у СМИ пропадает стимул улучшать свою работу и конкурировать на рынке рекламы. «Если учесть, что сумма госзаказа в СМИ больше, чем объем всего рекламного рынка Казахстана, то становится понятно, что рынок масс-медиа деформирован и развращен этим самым госзаказом, – сказала руководитель ОФ «Правовой медиа-центр» Диана Окремова.

Проплаченные властями материалы никак не помечаются, но их обычно легко узнать: в них многословно описываются государственные программы, а также восхваляются экономические достижения и работа госчиновников. Хорошим примером является опубликованная в декабре статья в издании «Казахстанская правде» под заголовком «Кризис – это новые возможности», содержащая похвалы в адрес администрации президента Нурсултана Назарбаева и действий властей в целом.

При выполнении госзаказа информация не искажается – она жестко фильтруется. «Мы выполняем госзаказ, но никто из правительственных структур не указывает нам, что и как писать, и не устанавливает ограничений или запретов, – сообщил EurasiaNet.org Сергей Нестеренко, заместитель главного редактора «Казахстанской правды». – Работает принцип самоцензуры – мы сами по опыту знаем, как освещать (или не освещать) события».

При этом особенность госзаказа – это отсутствие прозрачности и подотчетности. Мало что известно о том, как принимаются решения о выделении средств тем или иным СМИ.

«В начале этого года мы – впервые за пять лет обращений в госорганы – получили ответ из Министерства финансов с конкретными суммами госзаказа в СМИ, – сообщила Окремова. – Если в 2010 году Министерство связи и информации вливало в прессу более 17 млрд тенге, то в 2015 году эта сумма составила почти 43 млрд тенге. … Если прибавить сюда госзаказы на местах – в областных и городских акиматах, то получится около 45 млрд тенге. На эти деньги, например, можно построить около 30 школ».

По словам Окремовой, 10 СМИ получают деньги без конкурса, а остальные – через тендеры. На долю последних приходится всего около 10% от общей суммы.

Согласно аналитическому обзору Международного центра журналистики MediaNet, в Казахстане до 70% средств массовой информации охвачены госзаказом, и эта цифра имеет тенденцию к росту.

Госорган заключает со СМИ договор с описанием техзадания (количества подлежащих публикации материалов, сантиметров газетной площади или эфирных минут). Затем СМИ представляет властям отчет о проделанной работе.

При этом Министерство связи и информации не публикует касающиеся госзаказа отчеты, утверждая, что это внутренняя информация.

Данная государственная программа искажает медиарынок, поддерживая СМИ, которые при обычных условиях не выжили бы. Выступая на состоявшейся в ноябре конференции по вопросам развития медиарынка Казахстана, представитель Независимой ассоциации вещателей Украины Катерина Мясникова поделилась опытом на примере своей страны.

«Когда ты работаешь по госзаказу, ты никогда не будешь думать о том, чего ждет от тебя аудитория, а будешь думать, как отработать выделенные деньги, – приводит ее слова издание Forbes Kazakhstan. – Крупные дотационные компании теряют аудиторию ежедневно и если прекратить их финансирование – долго не протянут».

Источник: russian.eurasianet.org

Бывший представитель США в НАТО призвал Запад противостоять российской пропаганде

По утверждению бывшего представителя США в НАТО, Североатлантический альянс должен принять необходимые меры для опровержения заявлений Кремля о том, что расширение НАТО представляет угрозу для России.

Согласно новой российской стратегии национальной безопасности, подписанной президентом Путиным в начале этого года, расширение НАТО является главной угрозой для России. В документе утверждается, что Aльянс, во главе с Соединенными Штатами, усиливает военную активность в странах-членах НАТО и занимается «передислокацией военной инфраструктуры ближе к границам России».

Там же сказано, что НАТО «пытается сохранить доминирование в глобальных вопросах» за счет реализации «политики сдерживания России» путем «политического, экономического, военного и информационного давления».

По мнению Куртa Волкерa, Кремль продолжает давление на страны Запада, утверждая, что НАТО нарушает обещания, данные России.

«В России культивируется миф о том, что Североатлантический альянс обещал никогда не расширять свои границы и никогда не заниматься размещением военной инфраструктуры на территории стран, которые становятся новыми членами военно-политического блока, – рассказал Волкер грузинской службе «Голоса Америки». – Россия считает, что НАТО угрожает России, и она имеет право защищать себя и своих граждан. Россия считает, что государственный переворот в Украине произошел по вине НАТО и имел целью сделать Украину частью блока. А это означает, что Россия должна вмешаться и спасти Украину. Все эти утверждения совершенно не соответствуют действительности».

По словам Волкера, если НАТО никак не отреагирует на мифы, которые распространяют в России, может сложиться впечатлениe, что они заслуживают доверия. Бывший дипломат призывает НАТО занять единую позицию и выработать четкую стратегию поведения по отношению к России на саммите в Варшаве в июле этого года.

Россия меняет расстановку сил

Мамука Церетели, директор расположенного в Вашингтоне научно-исследовательского центра «Институтa Центральной Азии и Кавказа», утверждает, что стратегия России по отношению к Западу существенно изменилась за последнее десятилетие.

«Россия пытается изменить архитектуру европейской безопасности, – сказал он «Голосy Америки». – в этой новой среде Россия хотела бы иметь право вето на решение каждой страны вступить в НАТО или Европейский Союз. Это является нарушением суверенного права этих стран самим выбирать свое будущее. Однако Россия пытается получить согласие Запада на такую привилегию».

В рамках подписанного 27 мая 1997 года Основополагающего акта НАТО-Россия о взаимных отношениях, сотрудничестве и безопасности Североатлантический Альянс дал обязательства в том, что «в условиях современной обстановки в плане безопасности» НАТО будет отдавать предпочтение осуществлению обороны входящих в Альянс стран, используя существующую военную инфраструктуру, а не путем размещения новых боевых частей.

Однако с тех пор обстановка в области безопасности коренным образом изменилась. В 2008 году Россия вторглась в Грузию и признала Абхазию и Южную Осетию независимыми государствами. В 2015 году Россия аннексировала Крым. Кремль в течение более двух лет поддерживает сепаратистов в восточной части Украины. Кроме того, Россия нарушила многие из соглашений, подписанных с Западом, в том числе Парижскую хартию для новой Европы, Венский документ, Договор об обычных вооружённых силах в Европе (ДОВСЕ), Будапештский меморандум и многие другие соглашения.

Волкер утверждает, что важно ни у кого не оставить сомнений в том, что НАТО является оборонительным блоком, который никому не угрожает, а также, что расширение НАТО представляет собой длительный процесс, в котором свободные люди в независимых странах работают вместе для максимально эффективного обеспечения своей собственной безопасности, а вовсе не с целью под руководством НАТО занять новые территории и окружить Россию. Западу, по мнению Волкера, следует продолжать объяснять и обсуждать эти вопросы публично.

«Наши лидеры, как правило, уклоняются от этих вопросов, – подчеркнул Волкер. – Они не хотят провоцировать конфронтационную атмосферу с Россией, в то время как Россия подобную атмосферу провоцирует и приветствует… Уступая приводимым Россией аргументам, не опровергая мифы, которые сочиняют российские власти, НАТО помогает создавать иллюзию правдоподобия этих идеологических установок. Для западных лидеров особенно важно дать России достойный отпор».

По планам, Варшавский саммит НАТО пройдет с 8-9 июля.

Источник: golos-ameriki.ru

30-апрелден 6-майга чейинки аба ырайы

30-апрелден 6-майга чейин туруктуу эмес аба-ырайы сакталып турат, мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, абанын температурасы өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

30-апрелде Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү жана жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

29-апрелден 6-майга чейин  күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Бишкек шаарында 30-апрель күнү жаан жаап, мезгил-мезгили менен катуу жаашы күтүлөт, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетеши күтүлөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 9…11°, күндүзгү жогорку температурасы 16…18° жылуу болушу күтүлөт.

Ош шаарында 30-апрель күнү жаан-чачын күтүлбөйт, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 10…12°, күндүзгү жогорку температурасы 26…28° жылуу болушу күтүлөт.

30-апрель күнү Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад,  Баткен облустарында жаан-чачын кээ бир райондордо күтүлөт. Бийик тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү жана жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

1-май күнү жана 2-май күнү түнкүсүн айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 2-май күнү эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын кээ бир райондордо күтүлөт. Бийик тоолуу аймактардын автожолдорунда кар күрткүсү жана жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

3-4-май күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Замира Сыдыкова: “Бийликке конструктивдүү сын-пикир айтканды үйрөнөлү”

“Сөз эркиндигин коргоо” комитети түзүлүүдө. Журналисттер менен биргеликте коомдук жана саясый ишмерлер, жөн гана кайдыгер эмес жарандар биригип атышат. Топ бузарлар арасында Нарын Айып, Бегалы Наргозуев, Замира Сыдыкова  ж.б. белгилүү журналисттер, жарандык жаш активисттер бар. “Республика” гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкова айымдан комитеттин түзүлүшү жана иш алпаруусу тууралуу оюн уктук.

– Замира айым, “шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дейт, “Сөз эркиндигин коргоо” комитетинин түзүлүшү да жөн жерден эместир?

– “Жыргаганыбыздан жылкы багып атыптырбызбы” дегендей, тегин жерден комитет түзүп атканыбыз жок. Себептери толтура болуп кетти. Биринчиден, азыркы бийлик эл алдына жана журналисттерге өз учурунда көп убада берген. “КТРКны элдик телевидениеге айлантабыз. А жерде ким каалаган чыгып, өз оюн айта алат. Сөз беребиз, сөз эркиндиги болот. Коррупциянын тамыры кыркылып, журналисттердин бийликти сындаганга жумушу жок калат. Баардыгы демократиянын негизинде болуп турат” деген. Бакиевдин бийлиги кулагандан кийин, азыркы бийликтегилердин мындай айткандарына ишенип, мен да журналистикадан алыстап кеткем, бир четинен сүйүнүп. Аңгыча эле бийлик “Вечерний Бишкекти” тартып алуу амалын жүргүзүп, коомчулукту бир топ эле дүрбөлөңгө салып, өйдө-ылдый кептер тарады. Бийликтин сөз эркиндигине болгон чабуулунун алгачкы кадамдары, тымызын иштери жаман жышаанда ачыкка чыга баштаганын баарыбыз байкап калдык.

– Өзүң да Акаевдин тушунда ушундай кысымга учурагансың да?

– Ооба, аны мен эле эмес элдин баары унута элек экен. Кантип кысымга алгандары, сот артынан сот, СИЗОго камап койгондору… Анан ошолор мага келишип, “Замира, Вечерканы тагдыры эмне болмокчу, сенин гезитиң качан чыгат? Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы бийликке сын айткандардын кийинки тагдыры эмне болот? Элнура Кулуеванын “Арена KG” гезити жабылып калды. Так маалыматты сендей коркпогон гана журналисттер элге жеткирип турушчу эле” дешип калышты. Ошондон улам “Республика” гезити 2015-жылы 10-июнда кайрадан чыгып баштады. Аз өтпөй Дайыр Орунбековго, Уран Ботобековдорго болгон кысым, анын артынан соттук чечимдердин чыгышы менен акырындап болсо да бийликтин сөз эркиндигине болгон чабуулунун башталганы катары билдик, аны жалпы коомчулук да түшүндү. Же андай эмеспи? Ошол эле Акаевдин, ошол эле Бакиевдин заманынан айырмасы жок болуп калбадыбы. Керек болсо, кээ бир учурларда алардан ашып түшүп атышат. КТРКны элдик кылган жок. Бийликтин “Кара жащигине” кайтадан айланды. Ажону же өкмөт башчыны сындаган бир да адам а жерде ээн-эркин чыгып сүйлөй албайт. Оппозицияга эфир бермек тургай, аларды четтен камап атышат. Бул аябай жаман жышаан. Эгер минтип отурушса, арты жакшылыкка апкелбейт.

– Кесиптештердин бирөөсүн камап атышса, экинчиси кайдыгер карап, “ошону көрмөк” деген да заман келип калдыбы?..

– Билинбеген менен эки жээк, үч жээк болуп, ЖМКнын ынтымагы солгундап атканы байкалат. Бир журналисттин соту болуп атса, илгеркидей жабалактап баары чуркабастан, 4-5 редакция жана жарандык активисттер барып колдоп, же  колдомуш этип атат. Анүстүнө баардык эле гезиттер жалпы кыргыз элинин кызыкчылыгын, мамлекеттин өнүгүп-өсүшү тууралуу ой жүгүртпөстөн кайсы бир депутаттын кызыкчылыгын коргоп, бийликтин камчысын чаап, жадагалса, оппозициялык маанайда жазган журналисттерге чабуул коюп аткандары таңгалдырат. Ал редакциядагы жазмакерлер мени да далай ирет сындап ийгенге үлгүрүштү. Ошондуктан, “Сөз эркиндигин коргоо” комитети түзүлүп атканы замандын талабы. Журналисттер, коомдук жана саясый ишмерлер, жарандык активисттер бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, түзүлүп аткан комитет алдында биригип, ынтымак-ырашкерлигибизди бекемдетели, профессионалдык ой жүгүртүүбүздү бирге өстүрөлү. Бийликке конструктивдүү сын-пикир айтканды үйрөнөлү. Эң негизгиси, сөз эркиндиги Кыргызстанда жоголуп кетпеси үчүн бирге күрөшөлү да.

– Тилектештикти күчөтүппү?

– Ооба, туура айтасың. Тилектештикти күчөтпөсөк, бийлик же бийликтин камчысын чаап аткандар, “ажого ашкере жакшы көрүнөм” дегендер журналистти коркутуп-үркүтүп, камап, керек болсо, чет мамлекетке качырууга мажбур кылат. Алар мамлекеттеги сөз эркиндигине карата тоскоолдуктарды жаратуу менен кесепетинде Кыргыз демократиялык өлкөсүнө доо кетирерине көзүм жетип калды. Жаңыдан түзүлүп аткан “Сөз эркиндигин коргоо” комитети мындай көрүнүштөргө каршы күрөштү жакында баштайт жана тоскоолдук жаратып аткандарга “Көзүңөрдү ачкыла!” дейт.

– Комитет түзүлүп калса, журналисттер бири-бирин коргоо менен эле алек болобу же башка да иш алып барышабы?

– Тилектештиктен тышкары да иштер толтура. Комитеттин курамына кирген улуу муундагы профессионалдуу журналисттер жаңыдан өсүп келаткан жазмакерлерге акыл-насаатын айтуу, сабак берүү, окуу-семинарларын уюштурат. Юридикалык сабаттуулукту тиешелүү деңгээлге жоюу максатта мыкты адисттердин кеп-кеңешин угуздурабыз. Ар бир тармакты кенен, дыкат изилдөөдө иш билги адамдар менен бирге иш алып баруу жагынан комитет көмөк көрсөтөт ж.б.  Деги эле журналисттерди анын ичинде жаш журналисттерди чындыкты жазууга үндөп, көзөмөл кылабыз. Кыргызда бекеринен “кеп чынынан бузулбайт” дейт го, анысыңары, чындыкты жазган журналистти эл баалайт. Эгер ал журналистти чындыкты жазганы үчүн кысымга алып баштаса, аркасында калдайган калың эли турат, аны коргоп алууга мүмкүнчүлүгү жетет…

Булак: “Азия news”

Жер көчкүдөн каза болгон өспүрүмдүн сөөгү жерге берилди

Бүгүн, Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу Алмалуу айылындагы жер көчкүдөн каза болгон Урматбек уулу Эрландын сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 27-апрель күнү Алмалуу айылында саат 17:40та жүргөн чоң жер көчкү 15 жашар баланы жана адам жашабаган 7 үйдү басып калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тарабынан 28-апрель күнү Эрландын жансыз денеси көчкү алдынан табылып, жакындарына тапшырылган.

“Кыргызстандан” дагы бир депутат мандатынан ажырашы мүмкүн

Эң алгач Жогорку Кецештин спикерлигине Канатбек Исаев менен Бакыт Төрөбаев атсалышып калганда, кыйла кыйын кырдаал жаралып, эки лидер катуу тирешкен. Бирок, экөө тең 51-51 добуш алып, оюндан четтешкен болчу. Албетте, мындай саясый күрөштө биринчи фракциялар ичинде ынтымак бекем болушу шарт. Кызыгы, «Кыргызстандын» курамынан депутат болгон Тынчтыкбек Конушбаев кыйын кырдаалда чет өлкөгө кеткенин шылтоолоп, өз добушун К.Исаевге берүүгө ыраа көрбөгөнү ЖКда күбүр-шыбыр кепке айланганын эшиттик. Мындай көрүнүштөн соң, фракция ичинде тымызын талкуу күчөп, Тынчтык мырзаны мандатынан ажыратууга чейин сөз болгону, ээрден оодарууга кыжырданган кесиптештери араң эле турганы эмнени билдирет?..

Эске сала кетсек, Т.Конушбаев бала кезинен бери Темир Сариев менен дос экени белгилүү. Сыягы, премьер-министрликтен Темикени оодарган Канат мырза болуп атса, ошого өчөшүү менен протест болгонбу? Эми буга карата кандай жооп болот ыя?..

Булак: “Азия ньюс”

Темир Сариевге Москва берген жылуулук...

Кызматтан түшөөр менен Темир Сариев Москвага шашылыш түрдө учуп кеткени, Кремлдеги айрым таасирдүү фигураларга жолукканы, келечек пландарын тактаганы маалымдалды. Сыягы, Темике күзгө чейин анчалык катуу кетпей, эс алып, ошол эле арада командасын чыңдоо жагына ык коё турганы белгилүү болду. Ошентип, Москванын колдоосу менен 2017-жылдагы президенттик щайлоого таасирдүү атаандаш катары күчүн сынамакчы. Ким билет? Кыргыз элинин ичинде деле Темикенин аброю жаман эмес, саясатта өз салмагы бар, эгерде Кремлдеги лөктөр чындап колдосо, жеңишке жетиши мүмкүн. А баса, тендерге байланышкан чатак иш боюнча алсак, тикелей Темир Сариев күнөөлүү болбой турганы, кызматтык жоопкерчиликтеги башка адамдар суралары чынбы?..

Булак: “Азия ньюс”

Жаңы шайланган соттордун ант берүү аземи өттү

Бүгүн Жогорку Сотто Бишкек жана Ош шаардык, Чүй облустук, Жалал-Абад облусунун Чаткал жана Ноокен райондук сотторунун жаңы шайланган судьяларынын ант берүү аземи болуп өттү. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

28-апрелде президент Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, Талант Аккозуев, Мира Жээнбекова, Керезбек Эсекеев, Назгүл Илиязова, Санжар Исабаев, Нурлан Кожомбердиев, Аида Манжиева, Адис Момуналиев, Ирина Скрипкина, Нурлан Чериков, Нурбек Эсеналиев Бишкек шаардык сотунун судьялары болуп дайындалган. Ал эми Чүй облустук сотунун судьялыгына Алмаз Койлубаев, Таалайбек Умуркулов, Чаткал райондук сотунун судьясы кызматына Шарипбай уулу Керимбек, Ноокен райондук сотуна Кубат Абылов, Ош шаардык сотунун судьясы кызматына Шекербек Кадыркулов келген.

Видео - шаар мэри Албек Ибраимов 1500 окуучунун коштоосунда Бишкектин гимнин аткарды

Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарына 138 жыл толду. Бул майрамды утурлай шаар мэри Албек Ибраимов 1500 окуучунун коштоосунда Бишкектин гимнин аткарды.

 

Өзбекстан менен Казакстандагы элчилер кызматынан бошоду

Бүгүн, 29-апрелде өлкө башчысынын буйругу менен Кыргызстандын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиcи Эмил Узакбаев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчылыгы билдирди.

Ошондой эле Алмазбек Атамбаевдин дагы бир жарлыгы менен Эсенгул Өмүралиев Кыргызстандын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиcи кызматынан бошоду.

Министр Батыралиев наристелердин убалынан коркпойбу?

Ош шаардык ооруканасынын төрөт бөлүмүндө бир айдын ичинде 5 наристенин чарчап калышы эмнени билдирет? Жарык дүйнөгө күнөөсүз келишкен наристелер, албетте, дарыгерлердин шалаакы мамилеси астында бу жарыкчылыктан коштошот да, туурабы? Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин медицина тармагынын негизги башкармалыктарына өңчөй өздүк кадрларын алып келип, профессионал кадрлар сыртка сүрүлүп калгандыгынан улам, тармакта ушундай жагымсыз окуялар орун алууда. Башкасын албайлы, Ош шаардык ооруканасынын башчылыгына Батыралиевдин “батасын” алып барган Мырза Стамбеков кол алдындагы ооруканадагы наристелердин өлүмү катталса да кызматтан кетип калбагандыгы кандай? Мырза Стамбековду кой, министр Батыралиев медицина системасына боткону болушунча чалып, эми моралдык жоопкерчиликти ойлоп, кызматтан кетип калбагандыгы таңгалдырууда. “Уялбагандан өзүң уял” дечү беле? Мындай кадр менен премьер Жээнбеков кантип иштешип жатат? Министр Батыралиев боюнча президент Ал­маз Шаршенович өзү үн катпаса, ага карата чара көрүлбөй калды көрүнөт…

Булак: “Азия ньюс”

 

Текебаевдин аяр тактикасы

Чыныбай Турсунбековдун спикер болуп шайланышы менен мамлекеттин бардык жоопкерчилиги КСДП партиясына жүктөлдү. Мындан улам, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев: “Жеңип чыккан партия жоопкерчиликти мойнуна алсын, биз андан сурап алгыдай бололу’, – деген оюн айтып чыкты. Мындай пикирди айткан Өмүрбек мырза КСДПга жан тартып жаткандай болгон менен, түпкүлүгүндө башынан өнөктөш болуп келе жаткан КСДПга жоопкерчиликти артып, өзүн четке кармап турууга кызыкдар болду. Анткени, келээрки жылдагы президенттик шайлоого аттануу үчүн өзүн мамлекеттик жоопкерчиликтен оолак кармап, жаманатты болбоо тактикасына өттү. Эми эртең шайлоого аттанып калса, “биз бардык бийлик бутактарын КСДП­га берип, жоопкерчиликти дагы артканбыз, алардын колунан эч нерсе келген жок” деп сындап чыгаарында шек жок.

Булак: “Фабула”

Атажановду кызматтан алуу аздык кылат

Буга дейре Токой чарбасын талкалап жибергени айтылып, жазылып, бирок эч бир чара көрүлбөй келген Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору Сабыр Атажанов кызматтан айдалды. Чынын айтканда бул аздык кылат. Жөн эле кызматтан бошотуп койбой, кетирген кемчиликтери боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп, мамлекетке зыян алып келгени аныкталса, кылмыш ишин козгош керек. Антпесе чиновниктер жеп-ичип, туйтунуп алышып, жооп бербей ке­те беришкенди өнөргө айлантып алышты. Демек, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кызматтан алып гана тим болбостон, тиешелүү органдарга тапшырма берип, былыктарын ашкерелеп, тиешелүү жазасын бериш керек. Ошондо адилеттик болот.

Булак: “Фабула”

 

Токон Мамытов кайрадан “май куйруктун” үстүнө конот

Кай бийлик болбосун тоодой кызматтык бак күткөн генерал-лейтенант Токон Мамытов 30-апрель күнү Кыр­гызстан элдеринин ассамблеясына төрага болууга камынууда. Мындай чечимди өлкөбүздөгү ар улуттардан куралган диаспора өкүлдөрү бир добуштан колдоого ала турганы каңкууланды. Бу диаспора өкүлдөрү деле өз алдынча «эшектин тушоосун чечкенге» жарашпайт эле, өйдө жактан басым болгону үчүн Токоңдун талапкерлигине аргасыздан токтолушканбы? Же буга чейинки төрага Бектемир Мурзубраимовдун 80ге чамалап, таптакыр тиши күбүлүп кала электе сыйы менен ассамблеянын короосунан сыпайы узатып коюуну чечишкенби? Эшиктен узатса, улам бир тешиктен киргендей образ жараткан бу Токон Мамытовго Кудай кызматтык “май куйрукту” ченебей берген экен. Мындай жүрүштөрү менен Мамытовдун саясаттагы шахматтык жүрүштөрүнүн соңу эмне менен аяктайт ыя? Карыганда элге-журтка шылдьң болбой, тынч аяктаса болгону…

Булак: “Азия ньюс”

 

Бабанов ишенимдүү жансакчысын жумуштан айдадыбы?

Күнүмдүк көр-тириликтин айынан депутат Өмүрбек Бабанов менен жансакчысынын ортосунда пикир келишпестик орун алып, натыйжада, 11 жыл өзүн күзөткө алган чоросун айдап жолго салганын эшиттик. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Ба­бановдун дал ушул чоросу Өмүке үчүн оттон-суудан кайра-тартпай, кадимки Өмүрбек Текебаевге учак ичинен айбат көрсөтсө, шефинин ашынган душманы В.Хонду “этин ысытып”, какыс-кукус кылып койгондугу чынбы? Баштапкы жумушун ИИМ тутумундагы атайын милдет аткаруучу бөлүмүндө (спецназда) баштаган ал чоросун Бабанов көрпендечиликке алдырып, өзүнүн жанынан алыстатканына жанындагы жансакчылары нааразы боло “11 жыл шеф үчүн баарына чыдап, тынбай күзөткөн адамдын жакшылыгын билбесе, кыргыз элине жакшылык кылмак беле?” дешип, шыпшынып жатышкандары кабарланды. Негизги биздин айрым саясатчылар жансакчылары менен жанындагы жардамчыларынын жакшылыгын биле беришпейт. Андыктан, байдын жансакчысы болгончо, кедейдин конгону болгон артык го…

Булак: “Азия news”

Кыргызстанда мал-жандыктарды идентификациялоо иши жанданат

Кыргызстанда мал-жандыктарды идентификациялоо иши жанданат. Бул туралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 28-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Өкмөт башчы маалымдагандай, азыркы кезде  идентификациялоо жүргүзүүнүн тартиби боюнча иш чаралардын планы иштелип чыгып, техникалык жабдууларды сатып алуу каралууда. Бүгүнкү  күндө Чүй, Талас жана Ош облусундагы жеке менчиктеги ветеринар дарыгерлерди окутуулар өткөрүлүүдө.

Эске салсак, “Мал-жандыктарды идентификациялоо” боюнча мыйзам  2014-жылы кабыл алынган.

Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2015-жылдагы ишин жактырды

Жогорку Кеӊеш өкмөттүн 2015-жылдагы иши жөнүндө премьер-министрдин отчетун угуп, аны канаатандырарлык деп тапты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун берген маалыматына караганда, 2015-жылы Кыргызстанда экономиканын өсүү деңгээли ЕАЭБге кирген мамлекеттердин ичинен эң жогорку көрсөткүчтү көрсөтүп, 3,5 пайызды, ал эми инфляциянын деңгээли эң төмөнкү 3,4 пайызды түзгөн. Ал 2015-жылы Кыргызстанда тике инвестиция тартуу жаатында өсүш байкалып, 2014-жылга салыштырмалуу 12,6 пайызга көбөйүп, 818 млн долларды түзгөнүн билдирди.

Өкмөт башынын айтымында, капиталдык салымдар боюнча 98 социалдык обьекттин курулушу бүткөрүлгөнүн, көп жылдардан бери алгачкы жолу өлкө аймагындагы ички жолдорду оңдоого 1 млрд сом каралган. Ал билим берүү жаатындагы жаӊычыл усулдарды жайылтууга басым жасалып, бюджеттин эсебинен кенже жаштагы балдар үчүн 480 сааттык программа киргизилгенин, өлкө боюнча 107 миңден ашык балдар мектепке чейинки даярдыктан акысыз өткөрүлгөнүн кошумчалады.

Туруктуу өнүгүү стратегиясында каралган негизги тапшырмалар менен багыттардын алкагында, өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүгүн чыңдоо жана өнүктүрүү боюнча жигердүү саясат жүргүзө алды. Анда камтылган 77 ири долбоордун ичинен 18 долбоор ишке ашырылган.

Жыйын жүрүшүндө депутаттар тарабынан өкмөт ишинде кетирилип жаткан көптөгөн кемчиликтер көрсөтүлүп, аны жоюу багытында бир катар иштиктүү сунуштар берилди. Премьер-министр отчет буга чейин Жогорку Кеӊештин тармактык комитеттеринде да каралып, көптөгөн алгылыктуу сунуштар берилгенин, алардын баары Өкмөттүн мындан аркы ишинде эске алына турганын баса белгиледи.

Новые члены правительства приняли присягу

Сегодня, 28 апреля на заседании Жогорку Кенеша с участием президента Алмазбека Атамбаева члены правительства КР во главе с премьер-министром Сооронбаем Жээнбековым приняли присягу. Программа, структура и состав правительства Жогорку Кенешем были утверждены 13 апреля текущего года. Указы президента о назначении С.Жээнбекова премьер-министром КР и членов правительства были подписаны в тот же день.

Напомним, согласно статье 7 конституционного Закона «О Правительстве Кыргызской Республики» члены правительства, приступая к исполнению своих обязанностей, принимают присягу.

Торага Жогорку Кенеша Турсунбай Чыныбеков пожелал членам правительства успехов в их ответственной работе.

Состав Правительства КР:
– Премьер-министр Кыргызской Республики –Сооронбай Жээнбеков;
– Первый вице-премьер-министр КР– Мухамметкалый Абулгазиев;
– Вице-премьер-министр КР – Олег Панкратов;
– Вице-премьер-министр КР – Гульмира Кудайбердиева;
– Министр внутренних дел КР – Мелис Турганбаев;
– Министр юстиции КР– Жылдыз Мамбеталиева;
– Министр финансов КР– Адылбек Касымалиев;
– Министр экономики КР– Арзыбек Кожошев;
– Министр сельского хозяйства и мелиорации КР– Турдуназир Бекбоев;
– Министр транспорта и коммуникации КР – Замирбек Айдаров;
– Министр чрезвычайных ситуаций КР– Кубатбек Боронов;
– Министр образования и науки КР – Эльвира Сариева;
– Министр здравоохранения КР – Талантбек Батыралиев;
– Министр культуры, информации и туризма КР – Алтынбек Максутов;
– Министр труда и социального развития КР – Кудайберген Базарбаев;
– Министр иностранных дел КР – Эрлан Абдылдаев;
– Руководитель Аппарата Правительства – министр КР – Акылбек Осмоналиев;- Председатель Государственного комитета национальной безопасности КР — Абдил Сегизбаев;
– Председатель Государственного комитета по делам обороны КР — Марат Кенжисариев.

Президент табийгат кырсыгынан каза тапкан Эрландын үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев 27-апрелде Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу Алмалуу айылында жер көчкү алдында калып каза болгон 9-класстын окуучусу Урматбек уулу Эрландын үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле Атамбаев жардам иретинде президенттик фонддон 100 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүү тууралуу буйрукка кол койду.

Ош: «“Манас” эпосундагы ислам дининин орду» аттуу китеп жарык көрдү

Бүгүн, 28-апрелде Ошто «“Манас” эпосундагы ислам дининин орду» аталышындагы китептин бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы кабарлады.

Аталган китептин бет ачары дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмү жана ОшМУнун теология факультети тарабынан уюштурулган «Кыргызстандын тарыхында жана маданиятында исламдын орду» деген темадагы илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө болуп өттү. Аталган китеп Манас таануучу Маматибраим Самиевдин эмгегине таандык жана китепти өзбек тилине Малика Комил кызы которуп, Түркиянын “Диянет” фондунун жардамы менен эки тилде 2000 нускада жарык көрдү.

Китептин автору Маматибраим Самиевдин айтымында жарык көргөн эмгекте “Манас” эпосунда ислам дининин орду эбегейсиз экендиги көргөзүлүп, Кыргыз мамлекети үчүн “Манас” эпосу уникалдуу идеология болоорун баса белгилейт. Мындан сырткары автор китепти жазуу үчүн көптөгөн эмгек талап кылынып, Манастын учугун Кытай булактарынан издөө максатында Кытайга барып манасчы Жусуп Мамайга да жолугуп кеп-кеңешин алып кайткан. Китепте негизинен “Манас” эпосундагы ислам дининин орду жана Манас баатырдын өмүрүндөгү болуп өткөн бардык окуяларда, эпостогу ыр саптарда ислам дини жөнүндө келтирилген материалдар киргизилген.

Өткөн жылы 3,5 млрд сомго 624,4 км жол оңдолгон

Өткөн жылы республикалык бюджеттин эсебинен 3,5 млрд сомго 624,4 км жол оңдолуп, реконструкцияланган. Анын ичинде облустук борборлор жана шаарлардын 101,8 км жолун оңдоого 842 млн сом жумшалган. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ошондой эле өлкө экономикасына тартылган түз инвестициялардын көлөмү 2014-жылга салыштырмалуу 12,6% жогорулап, 818,8 млн долларды түзгөн.

Негизги капиталга карата инвестициялардын көлөмү 2015-жылы 120,9 млрд сомду түзүп, 2014-жылга салыштырмалуу 8,0 % жогору болгон.

Жер көчкү алдында калган баланын сөөгү табылды

Сузактагы Алмалуу айылында жер көчкү алдында калган 14 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу кырсык болгон жерге гуманитардык жардам жеткирип барган “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын өкүлдөрү билдиришти.

Эске салсак, 27-апрель күнү саат 17:40та Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу Алмалуу айылында чоң көчкү жүрүп, 2001-жылы туулган, 9-класстын окуучусу Урматбек уулу Эрланды жана адам жашабаган 7 үйдү басып калган.

Алтынбек Сулайманов: “Кошоматчылыкты Жээнбековдун кабинетине барып кылгыла”

Бүгүн Жогорку Кеңеште өкмөттүн 2015-жылдагы отчету талкууланып жаткан учурда “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Максат Сабиров өкмөт мүчөлөрүн көп эзе бербей кетирип жиберип, башка маселелерди дагы карайлы деген сунуш киргизе коюп башка кесиптештеринин каарына калды. “Бир Болдун” лидери Алтынбек Сулайманов атырыла чыгып: “Өкмөттү аяп, аларга кошомат кылганды токтоткула. Уялбайсыңарбы. Өзү бир жылда бир жолу отчет берсе, ошону дагы толук угуп койгонго чыдабайсыңар. Эгер кошомат кылгыңар келип жатса Жээнбековдун кабинетине барып кошоматыңарды кыла бергиле”, – деди.

Отчетун бергенге жетишпей ээрден шыпырылган экс-премьер Темир Сариевдин жасаган иштерине бүгүн Сооронбай Жээнбеков жарытылуу жооп бере албай, жанындагы министрлеринен “кандай эле” деп кайра-кайра сурап, ала терге түшүп жаткан убагы. Аны көрүп кээ бир депутаттардын боору ооруп кеткен өңдүү.

Балыкчы-Корумду унаа жолунун курулушуна каражат жетишсиз

Балыкчы-Корумду унаа жолунун курулушуна каражат жетишсиз. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште өкмөттүн 2015-жылдагы отчету талкууланып жатканда билдирди.

“Ачыгын айтыш керек, азыр каражат жетишсиз, аны издеп табыш керек. Келишим түзүлүп жатканда, бул жолдун курулушуна 6 млрд 800 млн сом өлчөмүндө каржылоого милдеттенме алганбыз. Буга чейин 180 млн сом бергенбиз. Дагы бир аз каражат табылды, аны жакын арада парламенттин кароосуна алып келебиз. Өткөн жылы «Мегаком» компаниясын сатып, 6-7 млрд сом табабыз деп ойлогонбуз, бирок ал сатылбай турат. Сатык конкурсу 11-майга жылдырылды”, – дейт Жээнбеков.

Өкмөт башчы Балыкчы-Корумду жолуп куруп жаткан кытай компаниясынан баш тартсак, ага 2,5 млрд сом төлөп, өлкө бюджети зыян тарта турганын айтты. «Мен деле бул компания жарабайт деп айтсам болмок, бирок зыян тартып калабыз. Биз жол курулушун бүткөрүшүбүз керек. Ушу тапта Кытай компаниясы 16 млн долларга техникалык жабдууларды алып келди. Калыстык болушу керек. Быйыл Дүйнөлүк көчмөндөр оюну өтөт, ага даярдык көрүш керек. Президент да каражат караштырууда. Биз дагы каражат издеп жатабыз», – деп кошумчалады ал.

Меню