Menu

В парламент Армении представили проект заявления о выходе из ЕАЭС

Председатель партии “Свободные демократы”, депутат Национального Собрания Армении Хачатур Кокобелян представил в парламент проект заявления “О начале процедуры прекращения членства Республики Армения в Евразийском экономическом союзе”, сообщает РИА Новости со ссылкой на армянские СМИ.
Партия “Свободные демократы” была учреждена в июле 2011 года. Принимала участие в парламентских выборах 6 мая 2012 года совместно с партией “Наследие”. Ранее партия была представлена в Национальном Собрании Армении двумя депутатами — председателем правления партии Хачатуром Кокобеляном и Александром Арзуманяном. Сейчас остался один Кокобелян. Партия придерживается четко и однозначно прозападной направленности.
Решение обосновано тем, что за год членства Армении в этом союзе не были реализованы предусмотренные шаги, в частности, направленные на интеграцию стран и повышение уровня их благосостояния. Наоборот, за прошедший год экспорт Армении в страны ЕАЭС значительно сократился. Согласно статданным, экспорт в 2015 году в целом снизился на 4,7%, а в Россию — на 28,1%.
В проекте заявления отмечается, что вступление в ЕАЭС привело к изоляции Армении и сокращению иностранных инвестиций. От членства не выиграла и компонента безопасности: оно лишило Армению альтернативных возможностей обеспечения безопасности.
“Хотя в договоре о ЕАЭС утверждается, что это экономический союз, в дни агрессии Азербайджана против Нагорного Карабаха члены ЕАЭС отказались провести заседание премьеров в Ереване, чтобы “не обидеть Азербайджан”. Фактически, члены ЕАЭС в те дни обслуживали интересы страны, не входящей в Союз, поправ интересы своего члена Армении. Это — не экономический союз, а неэффективный политико-экономический альянс”, — говорится в проекте.
Учитывая вышеизложенное, депутат предлагает президенту и правительству Армении начать процедуру прекращения членства республики в ЕАЭС.
ЕЭАС — международное интеграционное экономическое объединение, созданное на базе Таможенного союза и Единого экономического пространства и функционирующее с 1 января 2015 года. Сейчас членами ЕАЭС являются Россия, Армения, Белоруссия, Казахстан и Киргизия.

Источник: radiotochka.kz

Элдик Курултай кыймылы Кадыров менен Асановду бошотуу боюнча президентке кайрылды

Кыргыз элине, Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевге

 К А Й Р Ы Л У У

Урматтуу Алмазбек Шаршенович! Кыргызстандын эли-өлкөнүн башкы байлыгы, мамлекеттүүлүктүн, эгемендиктин жана бийликтин ээси. Кыргызстандын түпкү тилек максаты-адамдардын эркиндигин, теңдигин, жыргалчылыгын камсыздоо, акыйкаттыкты, адилеттикти, калыстыкты орнотуу, адеп ыйманды сактоо, ынтымак, биримдик, эмгек аркылуу ар тараптуу өнүккөн адилет коом куруу болуп эсептелет. Чынында мамлекетибизде азыр оор кырдаал түзүлдү, кыргыз элинин жыргалчылыгы үчүн 90 эр азаматтарыбыз курман болушту, түштүктө 600дөн ашык бей күнөө адамдарыбыз шейит кетти, аларды эстеген бир жан жок. Ата-Бейитте берилген  анттар, убадалардын баары унутта калды. Уурулука, коррупцияга шектүүлөр депутат же министр болушуп эл башкарып жүрүшөт. Кумтөр сыяктуу кендерибизден түшкөн каражаттар бюджетти эмес, башкалардын капчыктарын кампайтууда. Бюджеттин таңсыктыгы азайбай көбөйүүдө, тышкы карыздын көлөмү ички дүң продукциянын 62 пайызына чыкты. Бүгүнкү күндө да максатсыз карыз алуу аракети уланууда. Саясат бизнес-криминалдын биригүүсү акыркы жылдары күчөп, мамлекеттүүлүкө коркунуч туудурган факторго айланды. Биздин бийликтеги атка минерлерибиз жеке кызыкчылыктарынан чыга алышпай, “сырткы күчтөргө” кызмат кылышууда. Алар бизди кайрадан “көз каранды” элге айландырууга аракет жасашууда. Өзгөчө чек ара маселелери коомчулукту кооптондурууда. Ушундай да өлкө болобу? Системаны өзгөртүш керек, биздин алдыбызда бир эле жол калды, ал ата-бабалардын улуу жолун улантуу. (Баса белгилеп айтсак, Элдик Курултайдын курамында кырктан ашуун саясий партиялар, коомдук уюмдар орун алганын коомчулук жакшы билет).
Анан ушул өңдүү мамлекетибизде болуп жаткан саясий-экономикалык абалды, карапайым калктын көйгөйлөрүн көтөрүп, чындыкты айтып чыкканы үчүн, “мамлекеттик бийликти, күч менен басып алганы жатат” деген шылтоо менен коомдук саясий ишмер Кубанычбек Кадыров камака алынганын жакшы билесиз. Бул көрүнүштү биз өтө тынсыздануу менен кабыл алып жатабыз, муну биз саясий куугунтук деп эсептейбиз. Өзгөчө өзбек сепаратистерине байлагандарына коомчулук ишенбейт деп ишенебиз, бул бийликтин “бөрк ал десе баш алышкан” кошоматчыларына жол болсун демекчибиз. Кадыровту биз жаш, өсүп келе жаткан таза саясатчы катары жакындан жакшы билебиз, учурунда Элдик Курултай кыймылынын төрага орун басары болуп дагы эмгектенген,  аз да болсо өз салымын кошкону маалым. Биз Кадыровту “ак же кара” дегенден алыспыз, актыгын сотто далилдеп чыгаар деген үмүттөбүз.
Элдик Курултайдын бирден бир ураан, чакырыгы “мыйзамдуулукту орнотуу” ошол себептен, Кадыровго жана Асановго тиешелүү кылмыш иши мыйзам чегинде ар тараптуу жана объективдүү тергелишин талап кылабыз. Эми Кадыров ушу Батукаевден өткөн коркунучтуу кылмышкер болбогон соң, баш коргоо чарасын өзгөртүп, камактан бошотуусун талап кылабыз. Ар бир өнүккөн демократиялуу мамлекетте сөзсүз түрдө оппозиция болушу абзел, керек болсо бул жобо биздин Баш мыйзамыбызда дагы ачык так көрсөтүлгөн.
Эсиңизге сала кетсек, Кубанычбек Кадыров 2009-жылы Балыкчыда Сиздин таламыңызды талашып, биринчилерден болуп Бакиевтердин бийлигине каршы чыкканын жакшы билесиз, мындан тышкары 2010-жылдагы  ынкылапка кошкон салымы дагы  өтө чоң, Сизди бийлике алып келгендердин башында турган. Анын жеке сизге жана Кыргыз элине кылган жакшылыктары унутта калбашы керек, деп эсептейбиз.
Терең урматтоо менен, Элдик Курултай кыймылынын төрагасы, акын, тарыхчы Байас ТУРАЛ

Фото - КККнын лидерлеринин бири Төрөбай Колубаев эми "Элдик парламенттин" лидери болду

Кыргыз саясат айдыңында Төрөбай Колубаев деген жигит бар, жердиги Талас.
2011-жылы президенттик шайлоодо президентикке өзүнүн талапкердигин коюп, Алмаз Атамбаев менен КТРКда түз эфирде дебатка чыгып: “Сиз президентикке жарабайсыз!” деп шаштысын кетирген. Атамбаев аны сөзгө жыгам деп “анда президенттикке ким жарайт?” десе “президенттикке жараса бир генерал Өмүрбек Суваналиев жарайт!” деп осол кылган.
2013-жылы Төрөбай Колубаев Каршылык Көрсөтүү Кыймылына кошулуп, “Алмаз Атамбаев бийликтин баардык бутактарын мыйзамсыз узурпациялап алды! Алмаз Атамбаевди 2010-жылдагы Ош окуялары боюнча Гаага соту күтөт” деп жар салып, Атамбаевди уятка чакырып жүргөн.
2016-жылы Төрөбай Колубаев “Элдик парламент” бирикмесинин лидерлеринин бири катары “Алмаз Атамбаев бийликти узурпациялап алды! Алмаз Атамбаевди өзбек сеператисттери менен кошо Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотуна берип, кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча кайрылабыз! 12-майда Атамбаев отставкага кетип, Кыргызстанда Элдик парламент бийликке келет!” деген ураандар менен жүрөт.
Ал эми “Элдик парламент” бирикмесинин лидерлери Бекболот Талгарбеков баш болуп, кийинки президенттикке “Элдик парламенттин” атынан Төрөбай Колубаевдин талапкердигин көрсөтөбүз” деп билдиришүүдө.
“Элдик парламенттин” составында экс-премьер-министр, азыркы “Бир болчу” депутат Кубанычбек Жумалиев, экс-спикер, азыркы КР Улуттук илимдер Академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев, экс-вице-премьер Бекболот Талгарбеков, экс-губернатор, азыркы “Бир болчу” А.Бакиров, экс-губернатор, азыркы “Республика-атажуртчу” Болоткан Кумаров, Бишкектин сотунун экс-төрагасы, азыркы “Өнүгүүчү” Марат Султанов жана башка ондогон тыңчыкмалар бар.
ККК-Талас Кож,Сув, Нар,Колубаев
ККК -  Суваналиев Наргозуев Колубаев
ККК - Кожоналиев Суваналиев Наргозуев Колубаев 3
ККК - Кожоналиев Суваналиев Наргозуев Колубаев сүйлөп
ККК - Суваналиев Наргозуев Колубаев
ККК - Наргозуев Суваналиев Кожоналиев Колубаев Өтмөк 2013
Элдик парламент гимн
Элдик парламент2
Булак:Кyrgyztoday.kg

Жогорку Сот Азимжан Аскаровдун ишин кайрадан карап чыгышы мүмкүн

2010-жылдагы Ош коогалаңы боюнча айыпталып, өмүр бою түрмөгө кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши кайрадан каралышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Анда айтылгандай Кыргызстандын Баш мыйзамынын 41-бөлүмүнө ылайык Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин чечимине байланыштуу Азимжан Аскаров арыз менен кайрылса, Жогорку Сот аны кайра териштирип көрөт.
Эске сала кетсек, буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитети Азимжан Аскаровду абактан бошотууга жана ага тагылган айыптарды жокко чыгарууга Кыргызстанды чакырган.
Бул маселе боюнча мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун өз оюн билдирип: – Эми Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун бул чечимин сөзсүз аткарышы зарыл. Ал үчүн Кыргызcтандын Жогорку Соту БУУнун чечимин жаңы ачылган жагдай катары эсептеп, Азимжан Аскаровдун ишин кайрадан токтоосуз караш керек. Болбосо биз БУУнун чечимин аткарбаган болуп саналабыз”, – деп айтты.

Экс-Акыйкатчы Турсунбек Акундун укук коргоочу Азимжан Аскаров тууралу билдирүүсү

Бириккен Улуттар Уюмунун зордук зомбулукка каршы комитетинин укук коргоочу  Азимжан Аскаровго байланыштуу чечими тууралуу мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акундун билдирүүсү:
Укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылдагы июнь окуясына байланыштуу «киши өлтүрүүгө катыштыгы бар» деген күнөө менен өмүр бою эркинен ажыратылган. Кыргыз  Республикасынын Жогорку соту Аскаровго байланыштуу бул чечимди колдогон эле.
Эми Бириккен Улуттар Уюмунун тийиштүү комитети Аскаровго байланыштуу чечим кабыл алып, Кыргызстандан анын бошотулушун талап кылууда. Бул жагдай өклөбүздү Эл аралык коомчулуктун алдында чоң сыноого кептелтип койду.
Мен ал кездеги өлкөнүн акыйкатчысы катары бул ишти тыкыр көзөмөлгө алып, атайын коомдук иликтөө да жүргүздүргөн элем. Мына ушундай изилдөөнүн негизинде Азимжан  Аскаровдун  милиционерди өлтүрүүгө катышкан эместиги тууралуу маалымат алганбыз. Кылмыш болгон жерден ал бир жарым км алыстыкта болгон. Бирок бул оор кылмыштын болгонун билип туруп, ал укук короочу катары эч кандай аракеттерди көргөн эмес.
Ал укук коргоочу катары киши өлтүргөн кылмышкерлерди алардын улутуна, жынысына карабастан айыптап, бетин ачып чыгышы керек эле. Бирок, тилекке каршы ал өзүнүн чыныгы укук коргоочулук ишин аткарган эмес.
Азимжан Аскаров өз улуту болгон өзбектердин гана укугун коргогон улутчул укук коргоочу болгон. Мындан тышкары анын укук коргоо органдары тарабынан зордук-зомбулукка учурагандыгы тууралуу маалыматтар дагы талашты жаратат. Биздин мониторингдин негизинде бул ишти өзүн «Укук коргоочумун» дегендер чет элден алып жаткан гранты актоо максатында бир жактуу маалымат берип, коомчулукка аны «урду» деген толук далилденбеген  маалыматты таратып салууга жетишкен.
Бирок, чындык үчүн айтсак Азимжан Аскаровдун үстүнөн болгон сот процесси бир жактуу жүрүп, тиешелүү далилдер изилденбестен, аны киши өлтүрүүгө катыштыгы бар деп туура эмес соттоп жиберишкен. Буга анын улутунун өзбек болгондугу да соттун жүрүшүндө өз таасирин тийгизген.
Канча кайрылганыбызга карабастан ошол кездеги президент Роза Отунбаева да, азыркы президент Алмазбек Атамбаев да каза болгон орган кызматкеринин туугандарынын жана жердештеринин сүрүнөн коркуп, Аскаров тууралуу чечкиндүү кадамдарга бара алышкан эмес. Бул биздин президенттердин принципиалдуу позицияда эместигинен кабар берет.
Укук коргоочулар да бир жактуулукка барып Азимжан Аскаровду  Кыргыз мамлекети үчүн күйгөн улуттук жана Эл аралык деңгээлдеги укук коргоочу катары туура эмес маалыматтарды Эл аралык коомчулукка берип жатып,  ага дүйнөлүк сыйлыкты алып берүүгө жетишти. Негизи ал мындай сыйлыкка эч кандай татыктуу эмес эле.
Кыргыз мамлекетинин жетекчилери дагы одоно катага жол беришип, бир Аскаровдун  сыйлыгына өчөшүп Америка менен Кыргызстандын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилени токтотууга барышты.
Кыргыз Республикасынын мындай алешем кадамына өчөшкөн дуйнөлүк коомчулук Азимжан Аскаров тууралуу ушундай саясий чечимди чыгарып салды. БУУ мындай чечимин чыгарышынын дагы бир себеби болуп Аскаров тууралуу биздин укук коргоочулардын берген бир жактуу, далилденбеген маалыматы да себепчи болду деп эсептейм.
Эми Кыргызстан  Бириккен Улуттар Уюмунун бул чечимин сөзсүз аткарышы зарыл. Ал үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту БУУнун чечимин жаңы ачылган жагдай катары эсептеп, Азимжан Аскаровдун ишин кайрадан токтоосуз караш керек. Болбосо биз БУУнун чечимин аткарбаган болуп саналабыз.
Ар бир мамлекет өзүнүн кетирген катачылыгын кеч болсо да оңдоп, мындай одоно мыйзам бузууларга барбашы керек.
Ал эми Аскаров тууралуу Эл аралык коомчулукка Кыргызстанды жамандап өз максатына жеткен укук коргоочу сөрөйлөр да абийирине келип, грант үчүн өз өлкөсүн садага чапкандан алыс болуусу керек.
Турсунбек Акун КР экс-омбудсмени

Бюджет жана финансы комитети Өкмөттүн отчетун Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечимине келди

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде Өкмөттүн 2015-жылдагы иши жөнүндө премьер-министрдин отчету угулуп, талкуу жыйынтыгында өкмөттүн маалыматы жактырылуу менен, парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Биринчи премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиевдин берген маалыматына караганда, 2015-жылы Кыргызстанда экономиканын өсүү деңгээли ЕАЭБге кирген мамлекеттердин ичинен эң жогорку көрсөткүчтү көрсөтүп, 3,5 пайызды, ал эми инфляциянын деңгээли эң төмөнкү 3,4 пайызды түздү. 2015-жылы Кыргызстанда тике инвестиция тартуу жаатында оң динамика байкалып, 2014-жылга салыштырганда 12,6 пайызга көбөйүп, 818 млн долларды түзгөн.

Ошондой эле, капиталдык салымдар боюнча 98 социалдык обьекттин курулушу бүткөрүлгөнүн жана көп жылдардан бери алгачкы жолу өлкө аймактарындагы ички жолдорду оңдоого миллиард сом каралган. Ал билим берүү жаатындагы инновациялык медотторду жайылтууга басым жасалып, бюджеттин эсебинен кенже жаштагы балдар үчүн 480 сааттык программа киргизилгенин жана мунун жыйынтыгында, өлкө боюнча 107 миңден ашык балдар мектепке чейинки даярдыкты акысыз аларын кошумчалады.

Өкмөт Туруктуу өнүгүүнүн Улуттук Стратегиясында каралган негизги тапшырмалар менен багыттардын алкагында экономикалык потенциалды чыңдоо жана өнүктүрүү боюнча активдүү саясат жүргүзгөнүн маалымдады.

Жыйын жүрүшүндө комитет мүчөлөрү өкмөт ишинде кетирилип жаткан көптөгөн кемчиликтер көрсөтүлүп, аны жоюу багытында бир катар иштиктүү сунуштар берилди. Депутаттар өкмөт мүчөлөрүнө мыйзамдагы мамлекеттик карыздардын жогорку чегин кайра карап чыгуу, бюджеттин киреше бөлүгүндөгү каржылык түшүп калууларды толтуруу жолдорун аныктоо чараларын иштеп чыгуу тапшырмалары берилди. Жыл жыйынтыгында ар бир министрге жасаган ишине жараша баа берилмекчи.

Мурунку "Ак жолчу" азыркы КСДПнын депутаты Жапарбек Ормонов бир добуштан Ош шаардык кеңешинин төрагалыгына шайланды

Бүгүн, 25-апрелде Ош шаардык кеңешинин депутаттары алгачкы жыйынга чогулуп, жумушту төраганы шайлоо менен башташты. Төрагалыкка жалгыз КСДП фракциясынын лидери Жапарбек Ормоновдун талапкерлиги көрсөтүлүп, 45 депутаттын баары колдоого алышты. Жапарбек Ормонов 2010-жылга чейин “Ак жол” партиясынын Ош шаарындагы координаторлорунун бири болгон.
Эске сала кетсек, шаардык кеңештеги көпчүлүк коалицияны КСДП, “Бир Бол” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары түзөт. Шаардык кеңеште жалпы 45, ал эми көпчүлүк коалицияда 27 депутат бар.

Авто унаанын номурун уурдаган адам кармалды

24-апрелде болжол менен саат 18:00 чамасында белгисиз адамдар Киев көчөсүндө жайгашкан “Бишкек-Парк” соода борборунун алдында токтоп “Ниссан-Блюберд” автоунаасынын арткы мамлекеттик номурун уурдап кеткетишкен. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы кабарлады.

Жүргүзүлгөн “Авто-Вор” рейдинин убагында Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын тургуну 25 жаштагы С.А. кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Канат Исаев: “Алдын-ала сүйлөшүүлөр болсо керек, ошунун натыйжасында ушундай жыйынтык болду”

-Канат Кедейканович, Жогорку Кеңештин төрагасынын ордуна болгон шайлоо  коалициялык көпчүлүктүн ынтымагы жок экендигин далилдеп койгон жокпу? Себеби коалициялык көпчүлүк сизди сунуштаган да?

-Туура, “СДПК” менен “Кыргызстан” фракциясы менин талапкерлигимди сунушташкан. Эки  фракциянын саны  56 болуп жатса, 51 добуш алып жатабыз. Башка фракциялар деле добуштарын беришти. Берки талапкер деле көпчүлүк коалициядан чыгып жатпайбы? Бир талапкерди ынтымакта чыгара албаганы чындап эле ынтымак жок экенин көрсөтүп турат. Анын үстүнө эки фракциянын депутаттары дагы толук добуш берген жок. Иш сапарларда болушуп парламенттик жыйынга келбей калышты. Сөзсүз түрдө депутаттардын ички ою фракциянын же партиянын ички оюна дал келбестигин  дагы бир жолу далилдеп койду десем болот.

-Бакыт Эргешович экөөңүздөр коалициялык көпчүлүктөн бир чыгып жаткандан кийин кичүүлүк кылып ал, же улуулук кылып сиз жол бошотуп бирөөңүздөр төрага болсоңуздар болбойт беле?

-Ар кандай сүйлөшүүлөр болуп жатты. Бирок бул партиянын чечими болгондон кийин мен баш тарта албайт болчумун. Жыйынтыгын, сүйлөшө албагандандын арты кандай экендигин көрдүңүздөр.

-Эгер сыр болбосо айтсаңыз кандай сүйлөшүүлөр болуп жатты?

– Андай деле сыр кылып кармай турган сүйлөшүүлөр болгон жок. “Баш тартасыңбы же баш тартпайсыңбы” деген сыяктуу эле сөздөр жүрүп жатты. Эч кандай соодалашуулар да болбоду.

– Шайлоонун жыйынтыгы 51:51 болуп калгандан кийин ар кандай божомолдор жаралууда. Кантип эле 51:51? Бул болушу мүмкүн эмес эле да?

– Болуп калат экен, болду. Кудайым ушундай буйрук кылган экен, 51:51 болуп калды. Муну атайын да жасоо таптакыр мүмкүн эмес. Бүгүн көрдүңүздөр ар бир депутат бирден барып кабинадан жашыруун добуш берип жатышты. Толук кандуу жашыруун добуш уюштурулду десек болот. Ошол себептен саясый оюн болгон жок. Болгону алдын-ала кандайдыр бир сүйлөшүүлөр болсо керек. Ошол сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ушундай жыйынтык болду. Бирок 51:51 болот деп эч ким күткөн эмес.

-Алдын ала кандай сүйлөшүүлөр болсо керек эле?

-Эч кандай сүйлөшүүлөр болгон жок. Каршы беребиз же макул болобуз деген фракциялардын балким депутаттардын ортосундагы сүйлөшүүлөр жөнүндө айтып жатам. Адамбыз акылдашабыз, сүйлөшөбүз.

– Эгер бийлик сизди же Бакыт Эргешовичтин төрага болуусун кааласа баары бир  айласын тапмак. Жөн гана сиздерди саясый оюндун  кызыкчылыгы үчүн колдонуп коюшкан жокпу?

-Билбейм анысын. Чынында эле ачык, демократиянын негизинде эле шайлоо болду.  Башка фракциянын өкүлдөрү дагы бурмаланбасын, добуш кагаздарды көрсөтпөсүн, телефон алып кирбесин деген сунуштардын баары эске алынып жашыруун добуш менен шайлоо өттү.

– Саясый оюн эми анык кызый турган болуп калды. Кийинки  Төраганы тандоо туруна “Кыргызстан” фракциясы өзүнүн талапкерин чыгарабы?

-Азыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Жыйынтыгына жараша аракеттер болот.

-Бакыт Эргешович экөөңүздөр Төрагалыкка талапкерлигиңиздерди койгонго чейин эле мунун саясый оюн экенин, баары бир Чыныбай Акунович Төрага болоорун  айтып жатышкан. Окуя ушул багытта чындыкка ооп бара жаткан жокпу?

-Мындай пикирлерди мен дагы гезиттерден окуп жаттым. Ар бир адамдын ички дүйнөсүндө эмне болуп жатканын эч ким билбейт эмеспи.

-Кийинки турга “СДПК” баары бир өз талапкерин алып чыга турган болду. Сиздин фракция да өз талапкерин чыгарабы?

-Кийинки турда кайсыл фракция талапкерлигин сунуштаарын азырынча айтыша элек. Эгерде  талапкер сунуштай турган болуп калсак, кимдир бирөөнү сунуштаганга биздин деле толук кандуу укугубуз бар. Мен аны фракция менен кеңешпей туруп чыгарабыз же башкаларды колдойбуз деп айта албайм. Убагы келгенде сөзсүз түрдө бир чечимге келебиз.

Булак: “Жаңы Ордо”

Надира Нарматова, экс-депутат: “Балам менин бактымды кемитип койду”

Эркектер менен теңтайлашып саясатка аралашкан айымдарыбыздын арасында Жогорку Кеңештин экс-депутаты Надира Нарматова да бар. Надира айым трибунадан көп эле жолу сүйлөчү. Бирок минтип ичиндеги букту айтып төгүлүп, сырын окурмандар менен бөлүшө элек болчу.
– Өмүр көчү балалыктан башталат эмеспи, сөз нугун бала кезиңизге бурсак…
– Өзүм Ноокаттын кызы, Алайдын келини болом. Балалыгым эстен чыкпай турган эркелик жана эркиндикте өттү. Атам Азим мугалим болуп иштеген. Кырк беш жашында 1973-жылы врачтын туура эмес койгон диагнозунан улам кайтыш болуп кетти. Кара сарык (кыргызча “кагым” деп коет экен) оорусу менен ооруп калганда, аны врачтар билбей “брюшной тиф” деп дарылай беришиптир. Биз апама караганда атама көп ыктачубуз. Атам бизге өзгөчө мамиле жасачу. Мен үйдөн төрөлүптүрмүн. Төрөлүп атканда улуу эжем Замира киндигимди көрүп алып “Апам уул төрөдү!” деп атама чуркап барып сүйүнчүлөсө, атам “Апаң уул төрөбөйт!” деген экен. Көрсө атам эжеме чейин эле апам кыз төрөгөнүн көрүп алыптыр. Мен үйдө төртүнчү кыз болуп, артыман үч эркек баланы ээрчитип келгендиктен, атам мага улуу уулундай мамиле жасап, мүмкүн болушунча эркиндикти берген. Өзүм да эркек мүнөз болуп чоңоюп калгандыктан, азыр деле аялдар менен өтө эле жакын боло албайм, чайлашуу менен ишим жок, ушак-айыңдардан алыс жүрөм. Эсимде, 2-класска чейин эркекче сөгүнүп жүрчүмүн. Дайыма эркек балдар менен футбол, хоккей ойноп, пара тээп, чикалак чаап ж.б эркек балдарга тиешелүү оюндарды ойноор элек. Футбол ойногондо балдар мени ортого оюнга чыгарбастан, дайыма дарбазага коюп коюшчу. Себеби ортого оюнга чыгарышса, топко жетпей калсам алардын шымын шыпырып ийчүмүн. Алар шымын кармаганча мен топту тээп кетчүмүн (күлүп). Өзүмдөн үч-төрт жаш улуу балдарды катарга тизип алып, аларга эже катары сабак өтчүмүн. Мен алардан кичүү болгонума карабай эмнегедир алар менин сөзүмдү угушчу. Апамдын, Кудайга шүгүр, көзү тирүү, 87 жашта. Күүлүү- күчтүү, өз аягы менен басып, акыл эси менен батасын берип, төрүбүздө олтурат.
-Окууну кандай аяктадыңыз? Сиздердин учурда жогорку окуу жайына тапшыруу да кыйын болсо керек?
– Мен бала кезимен турмуш сырларына бышып жетилдим. Беш жарым жашымда мектеп босогосун аттагам. Себеби тамга таанып, жүзгө чейин саначумун. Он беш жашка чыкканда мектепти эң жакшы баалар менен аяктагам. Ош мамлекеттик педагогикалык институтка тапшырып, конкурстан өтпөй калып, айылдан “Таң шооласы” комсомолдук жаштар бригадасын уюштуруп, бир эле учурда бригадир-оператор болуп кыздарды жетектеп, он күндүк музоолорду бактык. Эң кызыгы, мен бир эле мезгилде колхоздун Таш- Короо деген айылдагы сүт- товар фермасынын беш кызматын аткарчумун. Бригадир, музоо багуучу- оператор, малчыларга жем таратуучу, балдар бакчасынын кароолу, от жагуучусу болчумун. Айлык албай, ар бир он күндүк жарышта биринчи орунду жеңип алчумун. Айлыгым топтолуп, бухгалтерияда турчу. Бир жылдын жыйынтыгы менен колхоздун башкармасы жалпы жыйында бир жылдык эмгек акымды бир чарчыга түйүп беришкени кырк жылдан ашык убакыт өтсө да эсимде турат. Кийинки жылы менин максатым КМУнун юридика факультетине тапшыруу эле, тилекке каршы, ал мезгилде эки жылдык эмгек стажы болбосо ал жакка алчу эмес. Ошондон улам Бишкек шаарындагы В.В. Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунун физика-математика факультетине тапшырып өтүп кеттим. Институтта курстук бюронун секретары болуп, институттун “Кол топ” боюнча курама командасында дарбазачы болуп жүрдүм. 1980-жылы институтту аяктап, бир жыл мугалим болуп иштеп, активдүүлүгүмдү көрсөтө алдым окшойт. Ал кезде активдүү жаштарды райондук комсомолдук комитет өзүнө жумушка алчу. Ноокат райком комсомолдун бөлүм башчылык кызматына кийинки жылы жумушка чакырышкан. Ошол боюнча коомдук иштерге аралашып, комсомолдук кызматта Ноокат жана Алай райондорунда сегиз жыл иштеп, андан ары менин мамлекеттик кызматтардагы даңгыр жолум уланып кеткен. Иштеп жүрүп Алма- Атадагы Жогорку партиялык мектепти, андан кийин бала кездеги максатым болгон Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетин сырттан 1993-жылы бүтүрүп, юрист-укук таануучу деген кесипке ээ болгонмун.
– Жолдошуңуз менен кандай кырдаалда таанышып калгансыз?
– Кудайдын буйругу экен, 1983-жылы Алай районуна келин болуп бардым. Студент кезимде да, окууну аяктаганда да жигиттерге жага калып, алардын көңүлүн өзүмө бурайын деген ниет болбоптур. Студент кезде да сабактан кийин иштечүмүн. Сүйүү, жеке жашоого убакыт бөлбөй жүрүп, акыры окууну аяктап, апамдын тапшырмасы боюнча айылга барып иштеп калдым. Райондук комсомол комитетинде иштеген бирөөлөр себепчи болуп, Алайга турмушка чыгып калгам. Балдарымдын атасы менен сүйүшүп-күйүшпөй эле, кудалашып үйлөнгөнбүз. Бирок Алайга турмушка чыкканыма өкүнбөйм, үч уулума мээримдүү эне, он небереге чоң эне болуп отурам. Алайдын элинен айланса болот. Менин жаштыгым, гүлдөп турган мезгилим Алайдын тоолорунда калды. Аларга келин экениме карабастан, менин дараметимди, эмгегимди, кайратымды баалап, дайыма колдоо көрсөтүп келишти. Тарбияландым, өстүм, көп нерсени үйрөндүм, такшалдым. Бирок тагдыр, буйрук экен, балдарымдын атасы экөөбүз эки айрылыш жолго кеттик. Экөөбүз сый-урматтан кетип, көңүл калтырып урушуп-талашып, кетти-келди болуп жүргөн деле жокпуз. Жашоодо алдуу-күчтүү, кайраттуу, көптү билген аялдар көп деле эркектерге жага бербейт. Алар өздөрүнөн алсыз болуп турган айымдарды жактырышат окшойт. Менин турмушка болгон көз карашымды, ага кылган сый-урматымды, үйдө аял болуп милдетимди так аткарып, балдарымдын атасы деп аны сыйлаганымды жолдошум көтөрө албадыбы, а           йтор 1992-жылы кетип калган. Мен жакпаптырмын деген гана жыйынтыкка келдим. Менден алты жаш улуу экендигине карабай, өз убагында менин кадыр-баркыма жетип, аздектеп, асырап, бөпөлөп, сыйлап, өз ордун таба албады окшойт. “Ат айланып казыгын табат”, “Алайдын үч баласы менен кайда кетмек элем” деп, ал кеткенден кийин Алайда төрт жылга жакын жашадым. Бул жылдардын аралыгында балдарыма үй салып, элдин батасын алайын деп сүннөт той кылып чакырсам, келбей койгон. Ошондо алайлыктар экөөбүздүн эки башка жашаганыбызды билип калышты. Балким балдарымдын сүннөт тоюна келип, тойдун башында туруп катышканда, балдар үчүн бирге жашап калат белек, ким билет. Ошондон кийин Ошко көчүп кеттик. Кайнене, кайнатам менен алардын көзү өтүп кеткиче шартка жараша катташып, колумдан келген сый-урматымды көрсөтүп, батасын алдым, Аллага шүгүр. Кайын журтка кандай мамиле жасасаң анын жообун аласың. Мен тараптан катачылык кетирбегенге аракет кылдым. Алардын үч уулунун эртеңкиси менин колумда болчу да.
– Ажырашкан жылдары балдарына каралашып турдубу?
– Мен жолдошумду “Балдарды багыш же алимент төлө” деп кыйнаган жокмун. Ал өзү да балдарына жардамдашкан жок. Бул бешенеме жазылган тагдыр болсо керек, ошонун баарына чыдап, арабаны жалгыз тартып келем. Балдарымдын атасына ырахматымдан башка эч нерсе айтпайм, аман болсо болду. Негизгиси чогуу жашаган мезгилдерде менден катачылык кеткен жок. Өз мезгилинде эркек катары үй-бүлөбүздү алдыга сүйрөп кете албаганына өкүнгөндүгү тууралуу сөздөрдү угуп калам, бирок баары кеч болуп калды да. Азыр анын үй-бүлөсү бар, болсун.
– Балдарыңыз атасы менен катташып турушабы?
– Мен эч убакта балдарымдын атасы менен катташып турушуна тоскоол кылган жокмун. Балдарым чоңоюп, үйлүү-жайлуу болгончо жолдошум бир да жолу басып келген жок. Тун уулум Мээримбекти үйлөнткөндө өзүм чакырып, тойдун башталышында алгачкы сөздү “баламдын атасы” деп ага бергем. Андан кийин 2013-жылы Мээримбегим жол кырсыгынан кайтыш болгондо келишти. Ошондон кийин эки уулум менен телефон аркылуу байланышып турат. Балдарым атасы менен катыша беришсин, алар чоң үй-бүлөнүн кожоюндары эмеспи, өздөрү ата болуп калышты. Атасы менен катышабы же жокпу, өздөрү чечишет. Мен балдарымды кечиримдүү, айкөл кылып тарбиялагам.
Экинчи ирет турмуш куруу тууралуу ойлонуп көрдүңүзбү?
– Экинчи ирет турмуш курууну ойлонгон да жокмун. Уулдарыма өзүнүн атасы татыктуу ата болуп бере албагандан кийин, бирөө менин балдарыма ата болуп бере алмак беле. Анын үстүнө туура эмес бир кадам жасасаң эркек балдар кечирбейт. Балдарымды жер каратпайын деп ашыкча кадамдарга барбай, жыйырма төрт жылдан бери жалгыз келатам. Чындыгында балдарымдын артынан жүрүп, иш менен алектенип, өзүмдүн жеке жашоом туурасында ойлогон жокмун. Турмуштун түрдүү түйшүктөрү менен жүрүп өзүмдүн аял экендигимди деле унутуп калам. Түйшүктүү адамга тагдыр да түрдүү сыноолорду берет экен. Айла канча. Эми балдарымды бутуна тургузуп “буюрса өзүм үчүн жашайын” деген мезгилде, тагдырдын тамашасы экен, ишенген тун уулумду кокустукка шылтоолоп, Аллахым алып кетти. Үч жылга жакындап баратат. Убакыт өтө берет экен, артында балдары бар. Калган жашоом Мээримбегимден мурас болуп калган балдарын көзөмөлдөп, баламдын арманын орундатсам болду. Эки уулум өз алдынча жашашат, аларды бөлүп койгом.
– Кыргызда “келинди башынан карма” деген жакшы кеп бар эмеспи, келиндериңизге кээде кайнене катары кыр көрсөтүп койсоңуз керек…
– Мен ааламда жок кайнене болдум окшойт (күлүп). Келиндериме кайненелик кыла албадым. Себеби, өзүм эркек мүнөз болгондуктан, катуу кайнене боло албайт окшойм. Кудайга шүгүр, үч келиним бар. Башкалар мени “Азоо кайнене болот го” деп ойлошуптур (күлүп). Бирок мен андай азоо эмес, айкөл кайнене болдум окшойт. Келиндериме туура багыт берип, билгенимди эскертип коём. Колумдун келишинче шарт түзүп, өз алдынча бөлүп койгом. Андан ары улап жашап кетиш өздөрүнүн колунда. Мен иште башка, үйдө чыныгы мээрман эне, аял экендигимди мени жакындан билгендер айтып калышат.
– Эмнеге көп түйшөлүп, арман кыласыз?
– Мага Аллахым аялдык бакытты чектеп койсо да, бактылуу энемин деп ойлочумун. Эки балам эки жагыман, бир балам артыман сүрөп турат, үч тоом бар деп сыймыктанчумун. Көз тийдиби, айтор чагылгандай 2013-жылы тун уулум Мээримбегим кайтыш болгондо канатым кайрылып калды, катуу сындым. Бирок тобо кылбай, табалаган сөздөрдү укканда чыйралып, өзүмдү өзүм кармап, адамдан жаман, таш боор неме болбойт экен деп баарын көтөрүп келем. Аллахымдын бул сыноосу мен үчүн оор болду. Кандай жерден катачылык кетирдим, билбеймин. Негизи тирүүчүлүктүн, жашоонун бар экендиги өзү бакыт экен. Бирок баламдын көзү өтүшү бактылуу эне экендигимди өксүтүп койду. Инилери бөлмөлөрүнө кирип алып мага угузбай агасын сагынып ыйлагандарын угуп- сезип, күйбөгөн жерим күл болот. Мени түйшөлтүп, арманга батырып келе жаткан нерсе баламдын кырсыгы менен башына тийген сырткы таасирдин табышмактуулугу. Ошого жооп издеп келем. Жаратканым жардам берсе, эртеби- кечпи чындык чыгат деп тилеп келемин.
Булак: “ПолитКлиника”

Эрнис Кыязов: "Азыр Майрам, Айдар Акаевдер, Максим, Жаныш Бакиевдер жок болгону менен Алмаз Атамбаев деген азаматыбыз килтейген драконого айланды"

Эмне үчүн биздин бийлик жана коом Кыргызстанда демократия, сөз эркиндиги Өзбекстан, Казакстан, Туркмөнстан, Тажикстан мамлекеттерине салыштырмалуу кыйла алдыда экенин айтып дал мына ушул авторитардык өлкөлөрдү гана мисал кыла беришет? Эмне,.. демократиянын, сөз эркиндигинин салмагын, өлчөмүн аныктоо үчүн ошол өлкөлөрдүн кандай “мокочо” экенин кайра-кайра айтып жүрүп олтуруу кыйла ынгайлуубу? Башында Атамбаев турган 2010-жылдагы “революция” болбогондо, азыр канкор Бакиевдин уулу Максим, иниси Жаныш экөө эркин сүйлөгүсү келгендерди, журналисттерди ит аткандай эле атып кетишмектигин айткандар да көбөйдү,.. демек өлкөдөгү саясий системанын денгээлин айтуу үчүн сөзсүз Жаныш менен Максимди алдыга мисал кылып сунуу керек экен да? Жогоруда айтылып өткөндөр башкы суроо эмес, башкы суроо – 1991-жылы Акаев президент болгондон кийинки алгачкы жылдардагыдай эркиндиктин демин, 2005-жылы Бакиев президент болгондон кийинки алгачкы жылдардагыдай демократияны, 2010-жылы Атамбаевдер бийликке келген алгачкы жылдардагыдай ачык-айкындуулукту жоготуп алып таппай жүргөндүгүбүздө болуп жүрбөсүн? Маселе Акаев, Бакиев, Атамбаевдин президент болгон алгачкы маалындагы демократия менен президент болуп “эшек ылайдан өткөндөн” кийинки демократиянын айырмасы өтө (!) чоң экендигинде эмеспи? Ооба азыр Майрам Акаева, Айдар Акаев, Жаныш Бакиев, Максим Бакиевдер жок экен, бирок азыр жасалма “парламентаризмдин” терисин жамынып алган Атамбаев деген азаматыбыз деле билинбей олтуруп килтейген эле драконго айланып калгандыгын эмнеге моюнуга алгыбыз келбейт? Жасап жаткан ишинен айрылып калбоо үчүн учурда мамлекеттик мекемеде иштеген кызматкерлерлерден тартып жеке ишкердик кылган ишкер-бизнесмендер да бийлик менен чатакташпоонун аргасы менен жашап жатышканы калппы? Азыркыдан ашыкча демократия болбойт, ушул жетишкендиктин баарында Атамбаевдин салымы эбегейсиз деген ураалаган ода мейли улана берсин дейли, бирок парламент да, өкмөт да, соттор да, күч структуралары да,(“черныйлар” да), жеке жана мамлекеттик ММКлар да, а түгүл кичине каяша кылып бийликке сөз кайтарган көчөдөгү эргежээл-оппозиция да бийликтин тырмагынын ченгээлинде калганы кооптуу эмеспи? Мамлекеттик чогулуштарда, жыйындарда, кеңешмелерде, докладдарда, симпозиумдарда “бийлик туура эле баратканын” айтууга аргасыз болуп, үйгө келгенде, кошуна, дос-чар, тааныштар менен олтуруп калганда көкүрөгүндөгү чындыкты агынан жарылып “..бу бийлик деле болбой калганын, а түгүл айрым жоруктары жагынан мурункулардан да ашып түшкөнүн” айтып нааразы болгон шыбыр сөздөр көмүскө улана бергени жакшыбы ? Көзгө көрүнүп турган чындыктарды аянтка барып, ак үйгө барып, КТРге барып ачык айтып чыгууга мүмкүн болбой калып, мамлекеттик үгүт машинасынын оозу менен оппозиция “бир ууч эл бузарларга” айландырылып, бийликтин кемчиликтери тике, түз, ачык айтылбастан үй-үйлөрдө, көмүскө, туюк жерлерде шыбыралып-гүбүрөлүп калгандыктын аягы жаман болоору, ал нерсе топтолуп олтуруп бир жарылганда катуу жарылаарын 2005-2010 жылдары көргөндөй деле болдук эле… “…эми ушулар да мага теңби, ушулар да оппозициябы???” деген тариздеги текеберчилик оорусу менен Акаев да, Бакиев да ооруду эле, ал илдет азыркы президентке да жуккан көрүнөт. Бийликке кантип сын айтуу туура, кандай сындоо туура эмес, кандай оппозиция жакшы, кандай оппозиция жаман экенин аныктап туруп, ошол дөдөй критерийдин негизинде өзүн өзү баалаткан бийликти “парламенттик” же “демократиялык” деп атоонун өзү туурабы?
Эрнис Кыязов, журналист

Лейлекте унаа жолду сел каптады

Баткен облусунун Лейлек районунда 24-апрель күнү саат 16:00 чамасында Сумбула айыл аймагында жааган жамгырдын кесепетинен “Азов” участкасынан түшкөн сел Исфана-Андарак-Көк-Таш ички чарбалык унаа жолунун 18-22 чакырымын каптап, жеңил унаалар жолдон өтө албай калган. Бул жол КР Унаа жана байланыш министрлигинин жолдорду эксплуатациялоочу мекемесинин балансында турат. Жабыркагандар жана кыйроолор жок. ЖЭМ-13 ишканасынан 1 грейдер тартылып, унаа жолду тазалоо иштери жүргүзүлүп, учурда бардык унаалар өтүүдө.

Кыргыз тилинде бир нече жаңы китептер чыгарылды

Китеп сүйүүчүлөр үчүн президентке караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия “Кыргызстанда 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасына ылайык “Азыркы адабият”, “Дүйнөлүк адабият” жана “Дүбүрт” серияларынын алкагында бир нече китептерди чыгарды.

“Азыркы адабият” сериясынын алкагында адабият айдыңында салмактуу ордулары бар акын-жазуучулардын китептери жарыкка чыкты. Алсак, Сагын Акматбекованын «Жандептер», Төлөгөн Мамеевдин “Жан дүйнө жаңырыгы”, Тойчубай Субанбековдун «Төө комдоттун уясында», Мелис Абакировдун “О, опаасыз, опаасыз дүйнө”, Мурза Гапаровдун “Тандалмалары” сыктуу баалуу китептер, ошондой эле Эгемберди Эрматовдун “Исфайрам аваздары” аттуу ыр жыйнагы уйгур тилинде, Ашым Жакыпбековдун «Лунная ведьма» («Айдагы жезкемпир») аттуу китеби орус тилинде жана ар муундун өкүлдөрүнөн турган 17 автордун аңгемелеринин топтому «Рассказы» деген аталышта жарык көрдү (котормочусу Таалайбек Осмонов).

Ал эми  “Дүбүрт” сериясынын алкагында Иманбек Азизилла уулунун «Бүтпөгөн ырлар», Шайырбек Тагаевдин “Дүйнө сенин кучагыңдай кең эмес”, Умар Нусубалиевдин “Улуу тилегим”, Лира Камчыбекованын “Кыялымда кыйбасым” жыйнактары, Насыпбек Асанбаевдин “Дудук” аттуу чакан повести жана Кубанычбек Аркабаевдин «Суунун сурагы» аттуу китеби чыгарылды.

Ошондой эле, “Дүйнөлүк адабият” сериясынын алкагында түрк элинин улуу акыны, дүйнө элине ысымы белгилүү болгон  Назым Хикметтин “Мажүрүм тал” ырлар жыйнагы экинчи ирет, белгилүү француз жазуучусу Антуан де Сент-Экзюперинин Салижан Жигитовдун котормосундагы “Кичинекей Ханзада” повести, дүйнөлүк адабиятта көрүнүктүү орду бар америкалык белгилүү жазуучу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Уильям Фолкнердин аңгемелер жыйнагы (котормочу Э.Отунчиев), Американын дүйнөгө белгилүү жазуучусу Эрнест Хемингуейдин аны дүйнөгө атагын чыгарган, Нобель сыйлыгын алууга өбөлгө болгон “Чал жана деңиз” повести (котормочу М.Токтомушев) жана америкалык белгилүү акын Уолт Уитмендин “Жалбырактар” аттуу ыр жыйнагы (котормочу С.Эралиев) жарыкка чыкты. Китептер 500 нускадан чыгарылды.

Бишкек шаарында окуучулар арасында робот таймашы болуп өттү - Фото

23-апрель күнү Бишкек шаарында “Robot Competition” робот таймашы болуп өттү.  Таймашка 50 долбоорлор менен Эл аралык “Себат” билим берүү мекемелеринин бардык лицейлеринин жана башталгыч класстардын окуучулары катышты.

Бардык сынактардын жыйынтыгы менен Бишкек шаарындагы “Айчүрөк” лицейинин командасы биринчи оорунга ээ болсо, ал эми башталгыч мектептер арасында сынакта “Сейтек- Тунгуч” мектебинин командасы жеңишке жетти.

Таймаштын алкагында бийлөө, робот унаалардын жарышы, сумо жана бокс мушташы сыяктуу сынактар болду. Окуучулар роботторду “Лего” конструкторлордон чогултуп жана ал роботторго кыймыл берүүчү программаларды жазып даярданышкан.

1 2 3 4 5 6 7 8 10 11 12Були иш-чара быйыл экинчи жолу өткөрүлүп жатат. “Роботор” таймашынын негизги максаты – бул окуучуларды роботтор дүйнөсү менен кеңири тааныштыруу болуп саналат.

Элдик парламент: "Гаагадагы эл аралык кылмыштар боюнча сотуна Алмаз Атамбаев баштаган жетекчилерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча кайрылабыз"

«ЭЛДИК ПАРЛАМЕНТ» БИРИКМЕСИНИН
Кыргыз Республикасынын элине, президентине, өкмөтүнө жана Жогорку Кеӊешине Билдирүүсү

«Элдик парламент» Бирикмесинин (ЭлПБ) уюштуруу жыйынын өткөргөн 12-апрелде биз жакынкы мезгилде жасай турган иш – аракеттерибиз менен коомчулукту тааныштырганбыз. Андан кийинки бир жума ичинде биз жарандар жана социалдык топтор менен жолугушуп, пикирлешип, Кыргызстан азыркы учурда тезинен чечиши зарыл болгон көптөгөн маселелерди тактадык. Ал маселелерди Бишкек шаарында 26-апрелде «Элдик парламент» Бирикмесинин 2 миӊдей жактоочусу катышкан жыйында талкуулоону да пландаганбыз. Ага даярдык жүрүп жатканда «Элдик парламент» Бирикмесинин жыйынына 50-60 миӊдей адам жыйынга катышууну каалары белгилүү болду. Ошентип, коомдук тартип сактоо маселерин чечүү үчүн убакыт талап кылынгандыктан, жыйын 26-апрелден 12-майга которулду.
Кыргызстандын учурдагы проблемаларын ар тарап жана кылдат изилдөөнүн негизинде «Элдик парламент» Бирикмесин колдогондордун Жыйынына үч маселе сунуш кылынды.
Биринчи маселе
Кыргыз Республикасынын президенти А. Ш. Атамбаевдин отчету жана анын токтоосуз отставкасы.
Биз, «Элдик парламент» Бирикмесинин депутаттары А. Ш. Атамбаевдин өз эрки менен токтоосуз отставкага кетишине жол ачкан негизги он себепти аныктадык.
Биринчи себеп – мамлекеттик башкаруу системасынын талкаланышы.
Жаӊы бийлик алты жылдан бери «парламенттик системаны түзүү» деген эксперимент жүргүзүү менен мамлекетти жана элди кыйнап бүттү. Ал эксперимент өзүн өзү жаманатты кылып, кыйрап калды. Мамлекеттик башкаруу системасы жок кылынды. Өлкөбүз феодалдык – уруучулук жана кылмыштык формадагы башкарууга кабылды. Кыргызстандын мамлекеттик системасы олигархтар, коррупционерлер, бандиттер, алкомагнаттар, базаркомдор, бангибарондор үчүн бейишке айланды. Натыйжада, Атамбаев жана анын достору, шопурлары, техкызматкерлери, жансакчылары өз кызыкчылыктары үчүн бийликти зомбулук менен пайдаланууга өттү. Президент бийликти өзүнө берилген, уюштуруу жөндөмү начар, демилгесиз кадрларларга, кошоматчыларга толтуруп салды. Андыктан элибиз, азыр, «Кыргыз мамлекети кайда баратат? Белгисиз. Дөӊгөлөк тескери айланып жатат» деп, аӊдап отурат. Өлкөдө эч ким, эч нерсе үчүн жооп бербес абал түзүлдү. Алты жыл ичинде өкмөт жети жолу алмашты. Бардык премьер-министрлер жана чечүүчү министрлер жеке Атамбаев тарабынан дайындалууда. Аларды тандоо чечкинсиздик, тилалгычтык өӊдүү ченемдер аркылуу жүргүзүлүүдө. Баардык премьер – министрлерге башкаруунун реалдуу укуктары берилбей келатат. Бирок, алардын баары президент кетирген кемчиликтер үчүн жоопкер, күнөлүү болуп, Атамбаев суудан кургак чыгууда. Президент Атамбаев парламентаризм идеясы менен шайлоо системасын түп орду менен жаманатты кылды. Жогорку Кеӊештин акыркы чакырылышын шайлоо элди жүзүкаралык менен алдоонун эӊ жогорку чегине жетти. Парламентке Атамбаев уруксат берген саясий партиялар гана келди. Депутаттык мандат базарда сатылуучу товарга айланды. Азыркы ЖКны эл ОПГ менен СИЗОго окшош деп жатышы бекеринен эмес. Азыркы ЖК Атамбаевдин тил алгыч, көргөзмө органы болуп отурат. Атамбаев «соттук реформа жүргүзүү» шылтоосу менен соттук системанын пайдубалын кошо талкалоого үлгүрдү. Соттор, прокуратура, атайын кызматтар анын оюнчугуна айланды. Азыркы соттор бийликке көз каранды жана коррупцияны мурда болуп көрбөгөндөй гүлдөттү. Эксперттер, Кыргызстандын «сот системасы өлүккө айланды, аны көмүү гана калды» деген пикирди айтышууда.
Экинчи себеп – экономиканын кыйрашы.
Учурда Кыргызстан кирешеси жана жан башына туура келүүчү ИДП боюнча 185 мамлекеттин ичинен 142-орунду ээлеп, дүйнөдө эӊ артта калган мамлекеттердин катарына кошулду. Алты жылдан бери өлкөнүн экономикасынын начарлашы мурда болуп көрбөгөндөй тереӊдеп, андан чыгуунун аракети түгүл, идеясы да жок калды. Мурда экспорт менен импорттун салыштырма салмагы теӊ чамал болуп келсе, 2012-жылдан бери продукцияларды импорттоо экспортко караганда үч эсеге көбөйдү. Кыргызстан импортко көз каранды мамлекетке айланды. 2005-жылы өлкөнүн сырткы карызы 1 млрд 300 млн долларды түзсө, 2010-жылы 2 млрдга өсүп, учурда 3 млрд 800 млн долларга жетти. Мурда өлкөбүз дүйнөлүк каржы уюмдардан 0,7 пайыз менен 40 жылдык мөөнөткө карыз алып келсе, Атамбаевдин бийлиги андай карыздарды Кытайдан 3 пайыз менен 20 жылдык мөөнөткө алууда. Каржы эксперттери аны кылмыш катары баалап жатышат. Мурда мамлекеттик бюджет теӊ салмактуу түзүлүп келсе, Атамбаевдин бийлигинин учурунда ал катастрофалык абалга жетти. Ар жылы мамлекеттик бюджеттин зор дефицит менен кабыл алынышы (20 млрд сомго жакын) нормага айланды. Өлкө мурда ар жылы 3-5 пайызга жакын деӊгээлдеги инфляцияга учурап келсе, ал акыркы алты жылда 11-15 пайызга өстү. Аныгында ал 20-25 пайызды түзүп отурат. Улуттук валютабыз дүйнөдөгү эӊ алсыз он валютанын катарына кошулду. Калктын банктарга жана кредиттик уюмдарга карыздары катастрофалык абалга же болбосо 100 млрд сомго жетти.
Үчүнчү себеп – өндүрүштүн өлүмтүк абалга кептелиши.
Атамбаевдин бийлиги биринчи кезекте өлкөбүздүн экономикасынын флагманы – электр энергетикасынын белин сындырды. Кыргызстан мурда электр энергиясын экспорттоочу өлкө болсо, эми аны импорттоочу өлкөгө айланды. Бул тармакка кийинки беш жыл ичинде сырттан алган кредиттин 1 млрд доллары жумшалды. Бийлик жүздөгөн шылтоолорду айтып, электр энергиясынын тарифин жогорулатууда. Бирок, бул тармакты жөндөмсүз башкаруу жана өтө зор коррупция өӊдүү проблемалар жашырылып олтурат. Өлкөдө азык-түлүк коопсуздугу үзгүлтүккө учурады. Мурда ар жылы 1 млн тонна буудай өндүрүлүп келсе, акыркы беш жыл ичинде ал эки эсе азайды. Натыйжада, Атамбаевдин бийлиги Казакстан менен Орусия алдында тилемчи кейпин кийди. Айыл чарба продуктыларынын баасы төмөндөгөнүнө байланыштуу дыйкандарыбыз жыл санап көптөгөн чыгашаларга учурап, жакырчылыкка батып баратат. Тигүүчүлөрдүн тармагына да зор залака тийди. Өткөндө бул тармак тынымсыз өнүгүп, анда иштегендердин саны 150 миӊ адамга жеткен. Өндүрүлгөн продукциянын 90 пайызы экспортко жөнөтүлүп турган. Учурда бул тармак да кыйрап, ишканалардын теӊинен көбү банкрот болду. Экспорттун көлөмү эки эсеге азайды. Курулуш тармагында да оор мезгил башталды. Акыркы алты жыл ичинде өлкө экономикасын рецессиядан дал ушу курулуш тармагы сактап келсе, азыр бул тармак да кризиске кабылды. Көпчүлүк курулуш компаниялары өз ишин токтотууга аргасыз болушту. Кыймылсыз мүлк рыногу да «жансыз абалга» кептелди. Атамбаевдин бийлигинин жырткыч мүнөзү өлкөнүн газ тармагын талкалоодо айкын байкалды. Өлкөнүн негизги газ компаниясынын карызы 2010-жылы 3 млн доллар болсо, андагы коррупциянын өтө өнүгүшүнүн натыйжасында 2014-жылы ал 40 млн долларга өсүп, компания жок болду. Атамбаев бийлик жүргүзгөн жылдары өлүмтүк абалга туш болбогон экономиканын бир да тармагы калган жок.
Төртүнчү себеп – популизм жана элди алдоо.
Президент А. Атамбаев элге эӊ чоӊ долбоорлорду убада кылып, аны аткаруу үчүн эч кандай аракет жасабай таштап салчу өтө сейрек сапатка ээ. Ал Кыргызстанды 3-4 жылдын ичинде гүлдөгөн өлкөгө айлантуу убадасын берип, иш жүзүндө өтө алсыз абалга туш кылды. 2011-жылы Атамбаев беш жыл ичинде Кыргызстан – Кытай темир жолу курулаары жөнүндө айтып чыккан. Ал убадасы да элди алдоо экен, эч нерсе жасалган жок. Президент болоору менен Атамбаев «Кыргызстанды инвесторлор үчүн бейишке айландырам» деп бүткүл дүйнөгө жарыя салган. Иш жүзүндө эмне болгону белгилүү. Азербайжан нефть компаниясы менен бирдикте күйүүчү, майлоочу май чыгаруучу завод, кытай компаниялары менен бирдикте трактор, минералдык жер семирткич, кездеме, цемент, пахта жана нефть иштетүүчү ишканаларды курдураары жөнүндө айткандары да кезектеги «беш өрдөгү» экен. Атамбаевдин ГЭСтерди куруу жөнүндөгү убадалары да аткарылбады. «Орусия Камбар Ата -1ди, андан башка Жогорку – Нарын каскадынын 12 ГЭСин курат. 2016-жылы 4 ГЭС курулуп бүтөт. Кытай өлкөсү Сары-Жаз дарыясына бир канча ГЭС курат» деген. Кыскасы, Атамбаев өрдөктөрүн өлкөнүн энергетикалык талааларында тобу менен учуруп келатат. Өлкөнүн экономикасына түздөн түз инвестиция тартуу маселелери боюнча Атамбаев айткан калптар элди жадатты. Атамбаев жеке өзүнүн аракети менен өлкөгө 5 млрд доллар инвестиция алып келе жатам деп КТРден жарыя салган. «Президентибиз абдан мыкты турбайбы» деп элдин эси оогончо бул дагы Атамбаевдин кезектеги калпы – элди алдаган эки жүздүүлүгү экенин турмуш көрсөттү. Ал убада кылган инвестициядан өлкөгө 1 доллар да келген жок. Аткарылбас улуу долбоорлорду жанындай көргөн Атамбаевдин жетекчилиги менен «Кыргызстанды 2013-2017 – жылдары туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегия» иштелип чыккан. Кошоматчылар, «Президент Атамбаев улуттук 76 долбоордун автору» деп макташкан. Көрсө ал «Улуттук стратегиясы…» да утопия экен. Атамбаевдин маниакалдык идеялары аткарылбаган бойдон кала берди. Көптөгөн долбоорлор ордунан козголгон да жок. 350 миӊ жаӊы жумушчу орун түзөбүз дегени да кыял бойдон калды. Атамбаевдин өлкөнү 2017-жылга чейин гүлдөтүү максаты да иш жүзүндө бир нече жылдарга артка кетти.
Бешинчи себеп – коррупция менен күрөшүүнүн чуру-чуулу жана тандалмалуу кампаниясынын кыйроого учурашы.
Коррупция менен күрөшүүнү президент Атамбаев өз ишмердүүлүгүнүн башкы багыты катары тандап алган. Бирок, Кыргызстандын 25 жылдык жаӊы тарыхындагы эӊ чоӊ коррупционер Атамбаевдин өзү экенин эске алсак, анын бул күрөшү таӊкалаарлык. 90-жылдары Атамбаев алдамчылык жол менен мамлекеттен 50 млн рубль, ал кездеги 50 млн доллардан көп акча алганы белгилүү. Ал акчага мамлекеттин 5-6 чоӊ заводун сатып алып, анын иш станоктору менен керек-жарактарын Кытайга жана Турцияга сатып жиберип, он миӊдеген жумушчулары менен инженерлерин көчөгө айдап, ишсиз калтырган. Президент болгондон кийин элге, «банк ячейкалары», «мародерчулук», «Мегаком», «уу нурлуу көмүр» боюнча зор коррупциялык иштер менин жеке көзмөлүмдө турат. Ал иштердин негизги катышуучуларынын аты-жөнүн да билем» деп жарыялаган. Бирок, алардын бир да бири сотко жетпей жабылды. АзияУниверсалбанкында сакталып турган Орусиялык 200 млн доллардын жана гранттык 35 млн доллар каражаттын дайыны азырга чейин белгисиз. Коррупция Атамбаевдин президенттик аппараты менен Башкы прокуратураны чырмап алды. Үзгүлтүксүз уланып жаткан коррупциялык чыр чатактардан Атамбаевдик бийликтин акыркы коррупциялык иштерин белгилеп кетели. Буга кылым аферасы аталган «Жерүй» кенин сатууну жана «Балыкчы – Корумду» автожолун куруу боюнча тендер өткөрүүнү айтсак болот. Коррупция менен компетентсиз жана тандалма күрөшүүдөн майнап чыкпады. Өткөндө коррупция өлкөбүздүн денесинде бүткөн жара болсо, азыр ал бүткүл денени басып кетти. Өкмөт мүчөлөрүнүн айтуусунда, экономиканын баардык тармагын учурда коррупция ээлеп алган.
Алтынчы себеп – элди маӊкуртташтыруу жана бөлүү аракеттери.
Президент Атамбаев өзүнүн башкы миссиясын элге өзү ачып берди. Көрсө, ал кыргыз эли маӊкуртка айланышын абдан самайт экен. Ал президенттикке талапкер болуп жаткан учурда элди, айрыкча кыргыздарды өз улутунан баш тартууга үгүттөп, элди «кыргыз» деген аттан баш тартып, жөн гана «кыргызстандык» болууга чакырып жатты. Мында ал «америкалык» деген түшүнүктү бетке кармап, кыргыздардын башын айланткысы келген. Улуттун көп кылымдык тарыхында ал кыргыздардын ичинен жалгыз жана алгачкы болуп кыргыз улутун жок кылууга белсенди. Тилекке жараша анын аракети таш капты. Бирок, жакында Атамбаев ошондо ишке ашпай калган кыялына кайрылып, ал ой-тилегин тереӊде катып келатканын далилдеди. Кошоматчылар Атамбаевди элди бириктирүүчү деп мактап калышат. А чындыгында кандай? 2011-жылы өткөн президенттик шайлоо анын анык жүзүн ачты. Президенттик орунга талапкерлигин койгон түштүк региондук атаандаштарына кайрылып, «Мен түндүктүн гана президенти болом. Түштүктүн мага кереги жок. Өз регионуӊарды бөлүп алып, Түштүк-Кыргызстан Республикасын түзүп алгыла» деген. Жүзүкаралыгы жагынан алдыга адам чыгарбаган жана түштүктүк кыргыздарды жек көргөн Атамбаев кийинчерек өзүн «түштүктүк кыргыздардын тукуму» катары айта баштады.
Жетинчи себеп – кыргыз элинин руханий башаты жана атасы – айкөл Манасты маскаралоосу.
Өз улуттуулугун унутпаган жана маӊкурт болууну каалабаган кыргыз элине ачуусун жана таарынычын унутпаган Атамбаев элдин рухий дүйнө-таанымына сокку урууга өттү. Ал соккусун кыргыз элинин ыйыктыгы жана баатырдык үлгүсү болгон Манас атабыздан баштады. Бирок, манасчылар жана манас таануучулар ага жол бербеди. 2010-жылкы апрель окуясынан кийин Манас эпосунда «курама топтоп журт кылдым» деген сөздү мисалдап, Атамбаев «кыргыздар улут болгон эмес» деген түшүнүктү бекемдөө аракетине кирди. Манас таануучулар Манас мындай сөздү айтпаганын далилдеп беришти. Аӊгыча Атамбаев Орусияга жасаган иш сапарында «Манас – этникалык жактан орусиялык» деп балп этти. Манасчылар мында да Манастын ата-бабалары Сары-Колдо, андан кийинкилери Опол Тоодо жашаганын далилдеп бергенине карабай, Атамбаев, «Кыргыздардын Чоӊ казатын ким жетектеген? Манас жетектеген эмес. Аны Алманбет жетектеген» деп бакылдай баштады. Тарыхый чындыкты жерип жана Алманбеттин улутуна таянып, (ал кыргыз болгон эмес) кыргыздарды мазактады. Ал аз келгенсип, Манастын энеси Чыйырдыны булгар кызы болгон деп чыкты. Акырында Атамбаев «Манасты кыргыздар өздөрү өлтүргөн» деп кыргыз элинин жүрөгүнө канжар малды. Манасчылар мында да ага Манасты кытайдын ханы Коӊурбай өлтүргөнүн далилдеп беришти. Элибиз Атамбаевдин шылдыӊдоосуна каршы туруп, кыргыз улутунун намысын бийик сактап келатат.
Сегизинчи себеп – кыргыз элин мазактоосу.
Президенттин үстү-үстүнө жасаган чабуулуна Манас атабыздын азыркы тукуму да тушукту. Кыргыз элин абдан жек көрөөрүн Атамбаев ар дайым эл алдына айтып келет. Ал жалалабаддык энелерди жектеп, аларды «катындар», «ОБОНдун мүчөлөрү» деген шылдыӊдоодон да кайра тартпады. Ысыккөлдүктөрдү «каракчылар» жана «бандиттер» деп мүнөздөдү. Нарындыктарды «силер Нарын дарыясын заараӊар менен булгап жатасыӊар», «мал менен жүрүп мал болуп калгансыӊар» деп мазактады. Талас эли, «таластыктар силер катынсыӊар, жоолук салынып алгыла», «Талас эли – эл эмес» деген орой шылдыӊга кабылды. Журналисттерди чет эл тыӊчылары, мителер деп шылдыӊдоо Атамбаевдин жакшы көргөн мазагы. Оппозиционерлерди «эл душманы», «кан самаган сагызгандар» ж.у.с. сөздөр менен тилдеп, урушуунун ашынган мастери болуп алды. Андыктан, коомдун акыл эстүү мүчөлөрү, «бул президенттин психикалык ал-абалы ордундабы?» деп аӊ-таӊ калып жатышы бекер эмес. Эгерде, буларды Атамбаевдин кызмат абалынан тышкары карай турган болсок, анын бул айткандарында чоркок ой жүгүртүү менен дүйнө таанымдын бузукулугунан башка эч нерсе жок.
Тогузунчу себеп – тышкы саясаттын кыйроосу.
Атамбаевдин тышкы иштерге олдоксон жана орой кийлигишүүсү алты жылдан бери үзгүлтүксүз жүрүп келатат. Анын натыйжасында коӊшу мамлекеттер менен достук байланыштар жабыр тартууда. Көп миӊдеген адамдар катышкан митингде чыгып сүйлөгөн Атамбаев, «Биз, суу бербей коюп, казактарды чөгөлөтөбүз! Назарбаев диктатор!» деп коркутту. Натыйжада, кыргызстандыктар жана кыргыз товарларынын Казакстан аркылуу өтүшү кыйындады. Атамбаевдин «Каримов 2-3 жылдан кийин өлөт. Ошондо чек ара маселелерин чечебиз» деп айтканы Өзбекстандын президентин өтө таарынтты. Ошондон кийин коӊшу мамлекет чек арасын жаап, кыргызстандыктардын кеӊири рынокто соода кылуусуна терс таасир тийди. Эксперттер кийинки кезде “Кыргызстан менен Тажикстан согуш алдында турат” деп белгилешүүдө. Бул да Атамбаевдин алысты көрө билбегендиги. Андыктан тажик президенти Э.Рахмон коопсуздук кеӊешинин жыйынында кыргыз президентин “ит” деп атады. Минск шаарында өткөн саммитте Атамбаев өзүнүн дипломатиядан тышкаркы аракети үчүн Белорус президенти А. Лукашенкодон, “Эй бандит, сен эмне, бийликке кантип келгениӊи унутуп калдыӊбы?” деген жеме укканы белгилүү. Атамбаев Орусияны жактаарын жана достукка берилгендигин жалган жарыя кылып, иш жүзүндө Түркия менен Кытайдын гана соода компанияларына жана маданий–окутуу борборлоруна кеӊири мүмкүнчүлүктөрдү берип отурат. Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчилерин дайындоону Атамбаев абсурд абалга алып келди. Анын өзүм билем чечими менен учурда элчи болуп, ырчы, жардамчы, оппозициябыз дегендер, деги кимдер гана иштеп жаткан жок.
Онунчу себеп – идеологиялык жана маалыматтык террор.
Президент Атамбаев өзүнүн алты жыл бийлигинин учурунда жаӊы элита түзүүгө жарабады. Натыйжалуу уюштургуч жетекчилердин жана мыкты ишкерлердин катмарын да түзө албады. Анткен менен кошоматчылардын эӊ күчтүү армиясын түзүүгө жетишти. Анын “аскерлери” күнү, түнү тынбай эмгектенүүдө. Алардын урааны: “Ким Атамбаевге каршы болсо, ал Кыргызстандын душманы”. Алар саясий жок кылуунун мыкаачы жана мытайым жолун эӊ сонун өздөштүрүшкөн. Атамбаевге каршы бир сөз айтылып же аракет жасалса анын кошоматчыларынын күчтүү армиясы журналисттик куралдардын баардык түрү менен “Атамбаевдин ал душманын” миӊ жолу аткылап, тебелеп, тепсеп жана шылдыӊга айлантмайын токтобойт. Кыргызстан элинин сый- урматынан алда качан айрылып калган Атамбаев өз креслосун, анын болбогон иштерин көкөлөтө, тынымсыз мактаган кошоматчыларынын армиясынын жардамы менен араӊдан зорго кармап отурат. Азыркы Кыргыз бийлигинин идеологиясы –каратып туруп калп айткан, өч алган жана өзүнө өзү маашыркаган Атамбаевдин жан дүйнөсү.
Президент Атамбаев бийлик жүргүзгөн жылдары Кыргызстандын элинен кандай мүнөздөмөлөргө ээ болду?
Оюна эмне келсе ошону жасай берет. Сансыз жана куру убадаларга маш. Бир да бир ишти аягына чыгарбайт. Чуру-чуулуу жана популистик кампанияларды жакшы көрөт. Сөз сүйлөө– анын эӊ сүйүктүү иши. Баарын үйрөтүп, чарчабай мактана берет. Башка бирөөлөрдү жаны жыргай шылдыӊдайт жана каралайт. Алдамчылык жана каратып туруп калп айтуу жагынан алдына адам салбайт. Ичи тар жана көр албас мүнөздүү. Чагым салуунун жана башкалардын жетишкендиктерин өзүнө таандык кылуу жагынан чебер. Каталыктары, кемчиликтери үчүн жооп берүүнү каалабайт. Башкалар күнөлүү болуп, өзү суудан кургак чыгат. Өлкөнү баш аламан абалга алып келди. Кыргызстанды алсыз мамлекет абалына жеткирди. Учурда өзүнүн алдыдагы коопсуздугу жана жыргал жашоосун камсыз кылуу маселелери менен гана алек.
Экинчи маселе
Президент А. Ш. Атамбаевдин үзөӊгүлөштөрү Икрамжан Илмияновдун, Чыныбай Турсунбековдун, Тургунбек Кулмурзаевдин жана Фарид Ниязовдун ишмердүүлүктөрүн карап чыгуу боюнча Элдик Комиссия түзүү.
“Шаа шаанисин жан жөкөрлөрү жасаары” белгилүү. Атамбаевдин айланасында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнөн дээрлик бири да калган жок. Берген убадалары аткарылбаганы жөнүндө уккусу келбеген себептүү, ал өзүн бийликке алып келгендердин баарынан алыстоого аргасыз болду. Анын командасында бир да профессионал жана мамлекетчил, мекенчил адам жок. Анын мурдагы шопуру Икрамжан Илмиянов “серый кардинал” даражасына ээ болуп, президенттин ордуна кадр тандоо, дайындоо боюнча баардык маселелерди чечип келе жатат. Парламенттик акыркы шайлоо алдында саясий партиялардын лидерлери өз талапкерлеринин тизмесин аны менен макулдашканы дайын. Шайлоонун жыйынтыгын да аны менен кеӊешип, анан чыгарышкан. Ошентип, Жогорку Кеӊеш Президенттин администрациясынын юридикалык бөлүмүнө айланып отурат. Мурдагы бийликтерге жүгүрүп кызмат кылган, тегирменчи ишкер Чыныбай Турсунбеков учурда КСДП партиясынын формалдуу жетекчиси, Атамбаевди мактагыч жарчыга айланды. Шайлоо учурунда шайлоочуларды сатып алуу, коркутуп, үркүтүп добуш алуу аракети менен ал жана КСДП партиясы шайлоо системасына болгон ишенимди биротоло жоготушту. Атамбаевдин дагы бир үзөӊгүлөшү Тургунбек Кулмурзаев мамлекеттик стратегиялык тармак болгон “Кыргызгаз” ишканасын коррупциялык схема аркылуу жок кылды. Атамбаевдин пресс-катчысы болуп иштөө менен Фарид Ниязов сөз эркиндигин тебелеп, республикадагы белгилүү басылма болгон “Вечерний Бишкек” гезитин рейдерлик менен басып алды. Учурда сот реформасы боюнча комиссияны жетектөөдө. Атамбаевди ар тарабынан курчап алган мына ушундай наадан жана шектүү ишмерлердин мамлекетке келтирген кыянаттыктары жана зыяндары жалпы эл тарабынан өтө кылдат изилдениши зарыл.
Үчүнчү маселе
Нидерландынын Гаага шарындагы эл аралык кылмыштар боюнча сотуна 2010-жылы июнда кыргыздар менен өзбектер ортосунда болгон улуттар аралык каргашалуу уруштун азгыруучуларынын жана күнөлүүлөрүнүн жоопкерчилигин кароо боюнча “Элдик парламент” Бирикмесинин кайрылуусу.
“Элдик парламент” Бирикмеси өз жактоочуларынын атынан эларалык кылмыштар боюнча сотко 2010-жылы июнда өлкөнүн түштүгүндө болуп өткөн каргашанын жаралышындагы аракеттери жана аракетсиздиги үчүн Атамбаевди жана башка жооптуу адамдарды жоопко тартуу боюнча кайрылмакчы. БУУнун алдында түзүлгөн эл аралык көз каранды эмес комиссия ал окуяларда Кыргызстандын убактылуу өкмөтүнүн ишмердүүлүгүнө өз баасын берген. Эл аралык кылмыш сотунун мүчө-мамлекеттери менен дипломатиялык каналдарды кылдат пайдалануу аркылуу “Элдик парламент” Бирикмеси бул ишти аягына чейин изилдетүү менен Атамбаевди жана өзбек сеператистеринин лидерлерин кылмыш жоопкерчилигине тартырууну көздөйт.
Жыйынтык
Жогоруда айтылгандарды жыйынтыктоо менен биз маанилүү бир маселени өзгөчө белгилөөнү туура көрдүк. Президенттин токтоосуз отставкага кетиши жөнүндө маселени коюу менен биз бул максатка жетүүнүн оппозициялык кыймылдар тандап алган жолунан кардиналдуу айрымаланган жолду тандадык. Бул жерде биз, өткөндө болуп өткөн эки жолку төӊкөрүштүн натыйжасында Кыргызстанда бийлик алмашканына дүйнөлүк коомчулукта тескери пикир жаралганын айтып коюшубуз керек. Оппозиция Атамбаевдин отставкасын талап кылууда мажбурлоо методдорун жана каражаттарын пайдаланууда. Биз, ал жолду колдонбой, Атамбаевди отставкасына жетишүү боюнча өз жолубузду иштеп чыктык. Биринчиден, биз, “Элдик парламент” Бирикмесинин жактоочулары чогулуп келип, Атамбаевдин өзүнө анын отставкага кетишинин зарыл себептерин түшүндүрөбүз. Экинчиден, биз ага Кыргыз Республикасынын президенттик кызматын өз каалоосу менен бошотуп берүүсүн сунуш кылабыз. Ошентип, биз президенттин отставкага кетишине жетишүүнүн тынч жана конституциялык жолун тандап алдык. Бул жолу биз дүйнөлүк коомчулукка кыргыз эли тарыхый бурулуш учурларында цивилизациялуу, мыйзамдуу жана маданияттуу аракет жасай аларын көрсөтүүгө тийишпиз. Биз элдин, мамлекеттин тагдыры чечилип жатканын эстен чыгарбоого милдеттүүбүз.
“Элдик парламент” бирикмеси

Фраза «Это счастье - называться турком» в небе над Нью-Йорком вывела из себя армян – ФОТО

На днях жители Нью-Йорка с изумлением всматривались в небо, где посредством самолетов воздушной рекламы демонстрировалась фраза «Ne mutlu Türküm deyene!» («Это счастье – называться турком»), сообщает Daily Mail.

Как известно, эта популярная в Турции фраза была сказана еще в 1933 году основателем современной Турции Мустафой Кемалем Ататюрком.

Следует отметить, что после данного слогана в небе над Манхэттеном можно было видеть ряд других призывов и слоганов, отвергающих так называемый «геноцид армян» 1915 года.

В одной из воздушных реклам был написан URL-адрес турецкого сайта, где приводятся доказательства в пользу исторической несостоятельности претензий армян по поводу «геноцида».

Акция была осуществлена турецким институтом в Вашингтоне.

Также в рамках данного мероприятия была нанята группа танцоров и спортсменов, которые в футболках с турецкой атрибутикой исполняли «танец справедливости».

Следует отметить, что данная акция вызвала негативную реакцию у группы армян, проживающих в США.

1 2
4
53 6 7 8

9

Источник: 1news.az

Өкмөттөн “айдалган” Момуналиев премьер-министрден өч алып жатабы?

Өкмөттө болуп жаткан өзгөрүүлөрдөн кийин мамлекеттик кадр кызматынын башчылыгына барган Нурханбек Момуналиев кадр кызматындагы Сооронбай Жээнбековдун кадрларын тазалай баштаптыр деген кабар угулду. Көрсө Сооронбай аке Нурханбекти өкмөт үйүнөн “айдаса”, Нурханбек анын “балдарын” Мамлекеттик кадр кызматынан айдайын деген го. Же өз алуунун Момуналиевче формуласы ушундайбы?

Булак: “Жаңы агым”

Сооронбай Жээнбековго өзбекстандын премьер-министри куттук айтты

Сооронбай Жээнбековдун дарегине Өзбекстандык кесиптеши Шавкат Мирзиёевден премьер-министрлик кызматка дайындалусуна байланыштуу куттуктоо келип түштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

“Сиздин ишмердүүлүгүңүз Кыргызстан жана Өзбекстан элдеринин достук мамилесине багытталган ак ниет коңшулаштыкка жана өз-ара кызыкчылыктарды эске алуу принциптерине негизделген өзбек-кыргыз мамилесинин келечектеги өнүгүүсүнө көмөктөшөөрүнө ишеним билдирем”, – деп белгиленет Өзбекстан өкмөтүнүн башчысынын куттуктоосунда.

Өзбекстан премьер-министри Сооронбай Жээнбековго чың ден-соолук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндөгү ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен Казакстандын премьер-министри Карим Масимов да Сооронбай Жээнбековду премьер-министр болушу менен куттуктады.

Фотобаян - Алмаз Атамбаевдин кызы Алиянын атасы президент боло электеги жана азыркы ажайып сүрөттөрү жарыяланды

Алмаз Атамбаевдин кызы Алиянын чыгармачылык чымыны бар экенине буга чейин дагы күбө болгон элек. Анда ал сүрөтчүлүк өнөрүн көрсөтүп, көптөрдүн көңүлүнө жаккан. Эми апасынын фамилиясын алып жүргөн Алия Шагиева колуна тамеки кармап түшкөн сүрөттөрүн – “жаңы образдарын” социалдык тармактарга жарыялады.
Алия Атамбаева 4 жаш Алия 4 жашында, биринчи катарда оңдон биринчи
Алия Атамбаева чабандын кызы
Атамбаевдин кызы Алия сол тарапта, эң четте турат, атасы президент боло электе чабандын эле кызындай мотурайып, эки бети кызыл алмадай кызарып, кадимки эле кыргыздын кызы
Алия Атамбаева резиденцияда Атасы президент болгондон кийин мамлекеттик резиденциянын короосунда ити менен
Алия Атамбаева студент0
Алия Атамбаева студент
Алия Атамбаева студент1
Алия Атамбаева студент2
Алия Атамбаева студент4
Азыркы сүрөттөрү:
Алия Атамбаева7
Алия Атамбаева9
Алия атамбаева10
Алия Атамбаева13
Алия Атамбаева14
2

Депутат Акматов Жаныш Бакиевдин “аккан досу” болгонбу?

«Бир Бол» партиясынын депу­таты Алмазбек Акматов деген мыкты чыкма бар. Акаевдин учурунда президентин иш башкармалыгынын башчысынын орун басары, Бакиевдин учурунда президенттин иш башкармалыгын башчысы бол­гон. Бакиев доорунда жакшы эле «доолдай» тиккен. Эсеп палатасынын Бишкек шаары, Чүй, Талас облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн жетекчиси болуп турганда манчыркап, Эсеп палатасын өзү эле билип, каалагандай калчап, Бакиевдердин «кошелегу» болгонунун себебин Алмазбек мырза Жаныш Бакиев менен жакшы ымалада болгондугуна такап келишет. Атургай азыркы күндөрү да Жакең менен «ыссык» мамиле түзүп турарын дагы эшиткенбиз. Мындан улам өткөн саныбызда түз суроо рубрикабыз менен Жаныш Бакиев менен азыр дагы байланышып турасызбы деген мааниде собол салдык эле. Үн каткан жок. Унчукпаганы макул дегениби? Арийне, Жаныш азыр кайсы бир гезитке үзүктөй маектерин берип, кызылдай периштеге айланып жатканда актанууну кечеңдетип атабы? Балким, эски досу эсинен чыкпай аткандыр?

Булак: “Де-факто”

Оозу кыйшык болсо да, байлыгы көп сүйлөсүн

Бий болуп элди башкаруудан мурда кандайдыр бир тажрыйба керек да, туурабы?! Бирок бизде тажрыйба эмес, эжелеп араң сүйлөсө деле бий боло берет. Анткени, демократия. Ой баягы, «Кыргыз­стан» фракциясынан вице-спикер болгон Нурбек Алимбеков Орусиядан жыгач ташып жүрүп бизнесмен аталып, бутуна туруп, андан кийин эл катары депутат болгон эле. Эми минтип парламентти башкарып вице-спикер болуп отурат. Анысына деле мейли дейли, бирок Нур­бек мырзанын жыйындарды алып барууда кимге сөз берерин билбей, 120 депутатты башкара албай убара. «Оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн» дегендей колунан келсе келбесе дагы, «креслого» тырмышкан бул эргул жыйындарда ою бизнесине жетелеп, акча санап олтурабы деп да кетет экенсиң. Мындай адамдын деги вице-спикер болууга моралдык укугу барбы, айтып койгулачы бай болгурлар.

Булак: “Де-факто” 

Евробиримдик Кыргызстандын ВСП системасына ийгиликтүү кошулушу менен куттуктады

Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер президент Алмазбек Атамбаевди Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсүнө жана ак ниет башкаруусуна (ВСП+) түрткү берүү системасына ийгиликтүү кошулушуна байланыштуу куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
«Европа биримдиги Кыргызстандын жалпы тарифтик преференциялар системасына  (ВСП+) кошулушуна байланыштуу сизди куттуктайт. Анткени, сиздердин өлкө адам жана эмгекчилер укуктары, жаратылыш чөйрөсүн коргоо жана ак ниет башкаруу  маселелери боюнча 27 орчундуу эл аралык конвенцияны ратификациялаган жана аларды жүзөгө ашыруу боюнча милдеттерди мойнуна алган.
ВСП+тун   бенефициары катары сиздердин статус Европа биримдигине сиздердин экспортко түрткү берет, өз кезегинде Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө өз салымын кошот деп ишенем”, – деп белгиленет Европа комиссиясынын төрагасынын телеграммасында.
Жан-Клод Юнкер эки тараптуу кызматташтык, анын ичинде ВСП+ка кошулуу боюнча  мониторингдик жоболор комиссиясынын алкагында кызматташтык Кыргызстандын туруктуу өнүгүшүнө көмөк болоруна үмүттөнөрүн билдирген.

Президент Султановду Улуттук статистика комитетинин төрагалыгына дайындады

Президент Алмазбек Атамбаев 22-апрелдеги жарлыгы менен  Акылбек Султановду Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы кызматына дайындады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

 

Исаевдин жемин жеген Жээнбеков

Соңку учурларда «кимдин кимдин заманы, Шералы хандын заманы» дегендей Жээнбековдордун заманы болуп жаткандай. Кызматтан кызматка секирген Сооронбай Жээнбеков эми минтип премьер-министр болду. Агасы өкмөт башчы болгон соң Асылбек Жээнбе­ков спикерликтен кетти. Албетте, бир топ убакыттан бери олтурган жылуу ордун бошотконуна ичи ачышып жатса керек. Бирок арга жокко, айла жок. Эми ич ара экиге бөлүнгөн парламент спикер шайлай албай убара. Ал эми Асылбек мырза ордуна өзүнүн ишеничтүү адамын калтыргысы келдиби, айтор, Канат Исаевди жан алакетке түшүп колдоп, анын спикер болушуна аябай эле далалаттанды. Анын минтип жан талашканына караганда Канат Исаевди «кол балага» айлантып дагы да болсо парламенттеги бийликти колдон чыгарбоого кылган аракетиби деп калдык. Кашайып Канат мырза керекке жарабай калбадыбы. Эми Жээнбеков «дыва» эмне кылат, ыя?

Булак: “Де-факто”

 

 

 

Жантөрө Сатыбалдиев президенттик жарышка катуу даярданып жатыптыр

Бийлик кимди гана азгырбайт. Байлык кимди гана жолдон чыгарбайт. Кезинде жети өмүрү ыраазы болгудай жерде иштешсе деле дагы да кызмат, андан да жогорку бийлик оруну керек дегендер четтен чыгат. Эмдиги жылы кыргыз мамлекетинде президенттик шайлоо өткөнү туру. Азыркы ажонун ишендирүүсү боюнча ал шайлоодо ат салышпайт. Демек, сөзсүз башка адам президент болот. Мындан улам мурда кийин саясатта аралашып, элге анча-мынча кадырлуу экенин көрсөтө алгандар түн уйкудан калып не бир укмуш пландарды иштеп, түш көрө турган болсо өзүлөрүн түз эле президенттик тактыдан көрүп жатышат. Мисалы, экс-премьер-министр, кой оозунан чөп албаган момун көрүнгөн Жантөрө Сатыбалдиев эмдиги жылы президенттикке чыгууга камынып, жакын саанаалаштарынын башын бириктирип жатыптыр. Арасында экс-чиновниктер, акчасын кайда чачаарын билбей жүргөн көпөстөр да бар экен. Албетте, ичкүйдүлүк жок, бактысы жарк этсе боло берсин. Бирок, ал ажо боло калса эле кыргыз элине таалайдын таңы атып кетеби? Маселе ушунда! Качанкыга чейин ушул «эскинин калдыктарын» багып жүрө беребиз. Жаңы муун, жаңы дем деген болобу деги бизде. Дегеним, «экспонаттар» амбицияларына азгырылбай ордуларында эле турса гана аттиң…

Булак: “Де-факто”

КСДП төрагалыкка Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин көрсөттү

КСДП фракциясынын бүгүн, 22-апрелде өткөн кезектеги жыйынында Жогорку Кеңешинин төрагасы кызмат ордуна фракциянын лидери Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин «Республика – Ата-Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов төрагалыкка Чыныбай Турсунбековдун талапкерлиги көрсөтүлсө, аны өзү жетектеген фракция мүчөлөрү колдой турганын билдирген эле.

Эске салсак, 2016-жылдын 13-апрелинде Жогорку Кеӊештин мурдагы төрагасы өз ыктыяры менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Ал эми 20-апрелде өткөн шайлоодо талапкерлер Канатбек Исаев («Кыргызстан» фракциясы) менен Бакыт Төрөбаев («Өнүгүү – Прогресс» фракциясы) теӊ чыгып калгандыктан, парламент жаӊы талапкерлер менен жаӊы шайлоо өткөрүү чечимине келген.

Талгарбековдун тап берүүсү эмнени каңкуулайт?

Күтүүсүздөн эле “Элдик парламент” аталышындагы саясый күч пайда болду. Башкы лидери катары экс-вице-премьер-министр Бекболот Талгарбеков турары байкалды. Катарында Төрөбай Колубаев, Абдыганы Эркебаев, Кубанычбек Жумалиев, Болоткан Кумаров, Александр Гусеев, Мамасадык Бакиров, Марат Султанов, Эсен Салиев, Расул Умбеталиев ж.б. дагы 95 адамдан турган дымактуулардын катмары.

Кечээ Бекболот Талгарбеков маалымат жыйынын кылып, аз күндө президент Атамбаев кызматынан кете турганын, болбосо, 28-апрелде 10 миңдеген адамдардын колдоосу менен митингге чыгышарын билдирди. “Элдик парламенттин” кадамы кескин түрдө радикалдашып кеткени, анан калса, катарына бир дагы оппозициялык күчтөрдү кошпой турушканын шардана кылышты. Ошол эле кезде бир топ оппозиционерлер буларды колдошкон жок, тескерисинче, жактырбай турушканын тымызын билдире башташты. А бийликчил маалымат булактар болсо, Б.Талгарбековду сындамыш эткенге үлгүрдү. Кызыгы, “Элдик парламенттин” бул кадамын азырынча бийлик анчейин деле этибар албагандай, асыресе, тоготпогондой таризде болууда. Же муну Талгарбековдун жөн эле тап берүүсү катары караштыбы?..

А расмий эмес булактарга таянсак, “Элдик парламенттин” артында экс-президент А.Акаев, генерал Б.Алиев тургандыгы айтылууда. О.э. Россиянын ФСБсы колдогону да каңкууланды. Эмесе көрө жаталык, азырынча бир беткей айтууга эрте. 28-апрелге деле аз убакыт калды. Биздин баамыбызда, Атамбаевдин токтоосуздан отставкага кетип калуусу деле байкалбайт. Бу жааттан орчундуу деле себебин сезбедик. Бирок, Талгарбеков чындап эле таңгалдырды, бир билгени барбы?..

Булак: “Азия ньюс”

Мирлан Каниметов, полковник: “Бизге “Сакалбы” же “Карышкырбы”, “Ити”, “Чөөсүбү” -- баары бирдей кылмышкер”

Биздин каарман Мирлан Каниметов, ИИМ алдындагы УКККББ (уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшү башкы башкармалыгы) башчысы, милициянын полковниги, ИИМ системасындагы биттин ичегисине кан куйган таланттуу из кубар экендигин ашынган душмандары да тана албайт. Өлкөдөгү жүз берген чуулгандуу кылмыш иштерин ачууда Мирлан Каниметовдун эмгеги өзү иштеген системада дайым башкы планда болуп келген. Анын кылмышкерлер менен жан аябай салгылашып, бетме-бет атышкандыгы убагында бүтүндөй өлкөгө дүң болгон. Дал ушундай профессионал адистен өлкөдөгү уюшкан кылмыштуулук, соңку убактагы атышуулар, андагы “ит жыгылыш” абал тууралуу чыныгы кырдаалдарды өз оозунан угуп кайттык. 

-Мирлан мырза, учурда өлкөдөгү жалпы криминалдык абалга кандай мүнөздөмө бересиз?

-Кырдаал Кудайга шүгүр, тынч. Андай деле кооптуу жагдайлар жок.

-А мындан туура 20 күн мурунку Бишкектеги атышууну криминалдык топтордун өз ара таасир талашы башталгандыгы катары сыпаттап чыгышты го?

-Адам ата менен Обо энебиз жаралганда эле тыюу салынган алманы жеп, кылмышка барышкандыгын билесиңер да. Андыктан, адам баласы жаралгандан тарта жер каймактагандан бери эле ушул кезге дейре кылмыш да болуп келе жатат. Жер үстүндө адам баласы жашап турганда, көпчүлүк болгон соң кылмыштар болуп келген жана мындан ары деле боло берет. Биз эмес, экономикасы жактан ат чабым алдыдагы коңшуларыбыз Россияда, Казакстанда деле кылмыштуу топтордун өз ара тирештери токтобой, күн сайын катталып жатпайбы? Арылатканда АКШда, Франция баштаган күчтүү өлкөлөрдө деле уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан кылмыштуулук күн сайын жүз берип, катталып турат. Андыктан, крим-чөйрө өкүлдөрүнүн бири-бирин атып кетмей, чаап, сайып, өлтүрүп кетмей жоруктары бизде эле болуп жаткан жери жок. Албетте, жакында баш калаабыздагы болуп өткөн атышууда криминалдык топтордун өз ара таасир талашып, бири-бирине ок чыгаргандыгы факт. Жашырганда не, өлкөдө Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобу өз ара активдүү иш жүргүзгөнгө аракет кылып, Кыргызстандагы мыйзамсыз аткезчилик менен алектенишкен бизнесмендерге көмүскөдөн “крыша” болгонго далалат кылып, аларды коргоп келишет. Биздин айрым бизнесмендер да аларга “отметка” кылып келишкендиги күбүр-шыбыр кеп болуп айтыла калып жүрөт. Мына ушундай жагдайда, Алмаз Бокушов тобунун активдүү “лидери” “Сакал” каймана атындагы Улан Токтосунов чет өлкөдөн “Мыйзамдагы ууру” таажысын кийип келгени, Бишкекке алынып келээри менен уюшкан кылмыштуу топтордогу жоро-жолдоштору менен биргеликте Камчы Көлбаев тобу менен өз ара каршылашып, криминалдык чөйрөдөгү бийликти талашышып, баягы “эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт” дегендей образды жаратышууда. Башта сенин соболуңдагыдай оппоненттерибиздин “Кыргызстан Чикаго болуп кетти” деген көбүртүп-жабыртууларынан алысмын. Бир нерсени баса белгилеп айткым келет, 2010-жылдын 7-апрелине чейин бакиевдердин кандуу бийлик доорунда кылмыштуу топтор арасында айына бери дегенде 2 иреттен кем эмес, жылына 20га чейин адам өлүмү менен коштолгон өз ара тирештер болуп турчу. 2010-жылдын 7-апрелинен кийин жаңы бийлик келгени бул көрсөткүч кандайдыр бир деңгээлде жөнгө салынып калды. Мен муну ушул тармакта көптөн бери иштеп келген адис катары айткым келет. Туура, крим-чөйрөдө атышуулар болуп кетип жатат. Бизде канча деген уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү бар? Эми алардын баарын кайтарып, күнү-түнү күзөтүп тургандай милициянын, анын ичинде биздин ГУБОП менен ГУУР кызматкерлеринин мүмкүнчүлүктөрү менен шарты жетпейт да.

-А бирок, биздеги крим-чөйрөдө “эки кочкор” эмес, андан да көп “Мыйзамдагы уурулар” пайда болуп калды го. Буга чейин жанагы өзүн “Карышкыр” деп тааныштырган Мурсалым Өмүрзаков да “мыйзамдагы ууру” экенин, Камчы Көлбаевди тааныбастыгын айтканы бар эле…

-Ушул жерден баса белгилөөчү жагдай, биздин журналисттерибизден крим-чөйрө өкүлдөрүн жарнамалап, айрымдары аларды “баатыр” кылбай эле коюшса дээр элем. Мындай кылмыштуу топтордун анабашчыларын көбүртүп, аларды замандын тим эле бир укмуш “баатыры” кылып мактагандын кесепети канчалаган жаш өспүрүмдөрүбүздүн психологиясына таасир этип жатпайбы? Айрымдардын эсеби боюнча ошондой “баатырларды” кумир туткан жаш балдар “уядан учаар замат” ар кандай кылмыштуу аракеттеги топторго кошулуп, туура эмес жолго түшүшүүдө. Андыктан, Кыргызстандагы кылмыштуу чөйрөдө кимиси “Мыйзамдагы ууру” же “аталык”, мага демектен ону бирдей “Мыйзамдагы ууру” болушса да өздөрү үчүн. Биз алардын эч бирин “эр-шер” кылып көрбөйбүз жана андайлардан коркпойбуз. Алар ошондой кылмыштуу жолду тандап алышты, демек, биз үчүн “Сакалыбы” же “Карышкыр”, “Ити”, “Чөөсүбү”, баары бирдей кылмышкер. 2013-жылдын 29-майында кабыл алынган “уюшкан кылмыштуулукка каршы бөгөт коюу” мыйзамынын негизинде уюшкан кылмыштуу топ мүчөлөрүн сот аркылуу атайын тизмеге коюп жатабыз. Биринчилерден болуп, андай тизмеге “Сакал” каймана атындагы Улан Токтосуновду койдук. Буга дейре 2 жыл боюу бул мыйзамды эч ким иштеткен эмес. Алгачкылардан болуп, биз иштетип, иш жүзүнө ашырдык. Калган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн дагы соттун чечиминин негизинде гана атайын тизмеге коебуз. Мыйзамды толук иштетип алсак, уюшкан кылмыштуу топторду ооздуктап, алардын коомго болгон терс таасирлерин басаңдатабыз деп толук ишенем.

-“Сакал” эмне себептен соттун Нарындагы СИЗОго жазасын өтөө сунушунан баш тартып, Бишкектеги Камчы Көлбаев тобунун активдүү мүчөсү “Лимонти” (Алмаз Сулайманов) отурган №1 СИЗОго кирүүгө куштар болуп жатат?

-“Сакалы” болобу же башкасы болобу, кылмышкерлерди кайсы СИЗОго жайгаштырышты мамлекеттик жаза аткаруу кызматы чечет. Биз алардын ишине кийлигише албайбыз. Жаза аткаруу кызматынын өздөрүнүн ич ара атайын эреже, интрукциялары бар. Ошого жараша мыйзамдын негизинде иш-аракеттерин жүргүзүшсө керек.

-Минскиде жаткан айтылуу канкор Жаныш Бакиев жакында үн катып, шефиңиз Мелис Турганбаевдин дарегине карата ачуу пикирлерин жолдоп, маркум Медет Садыркуловдун өлүмү сындуу бир катар буюртма өлүмдөргө тиешеси жоктугун билдириптир. Кандай дейсиз?

-Кыргыздын “кыз боосуп, энесин коркутат” деген кеби бар. Мен кыскача гана айтайын, ал канкор эгерде чыныгы эркек болсо, сыртта жатып алып, ар кандай чындыкка дал келбеген ушак-айыңдарды көбүртүп-жабырткандын ордуна, ак экенине ишенсе, анда келбейби? Ал канчалык карганып, актанбасын тарыхта колу кан бойдон калат. Алыста жатып алып, бет тырмаарлык кылган чыныгы жигитке мүнөздүү көрүнүш эмес. Чындыкка дал келбеген “өрдөктөрдү” учура берсе эле эл ишене бербейт. Эл эчак эле кимдин-ким экенин ажыратып, талдап алышкан.

-Алманбет Анапияевдин өлүмүнө сизди жана ГУБОПто иштеген шеригиңизди ушул кезге дейре социалдык түйүндөр аркылуу жасалма болсо да жабыштырганга аракет кылып келишет. Айтыңызчы, мындай жасалма жарлыкты жабыштыруу кимге керек болуп жатат? Дегеле, анын өлүмү качан ачылат?

-Алманбет Анапияевдин өлүмү боюнча, бул ишти тергөөнү Белоруссиянын күч органдары колго алышкан. Биз менен алар бул иш боюнча эч кандай кызматташышкан жок. Ал эми мени жана шеригимди социалдык түйүндөрдөн Анапияевдин өлүмүнө жабыштыргандар боюнча. Мен бул тууралуу өткөн 2015-жылдын соңунда өзүңө берген маегимде кеңири баяндап бергем. Аны актангансып, кайрадан кайталагым келбейт. Алманбет Анапияевди 2015-жылдын 18-февралында өлтүрүп кетишсе, биз армияда чогуу кызмат өтөгөн палчандарыбыздын чакыруусу менен 22-февралда Москвага учуп кетип, кайра 24-февралда учуп келгенбиз. Болгондо да ИИМ министринин орун басарынын уруксаты менен кеткенбиз. Биз менен учакта 200дөй жүргүнчү учуп келди. Андагы жүргүнчүлөрдүн кимисинин каяктан келе жатканын биз каяктан билебиз? Дагы айтам, биз бүгүн көптөрдүн тамагына кылкан болуп, кылмыштуулукка каршы аесуз күрөштү баштадык. Алдыда баштаган ишибизде далай сыноолор, бут тосуулар турат. Алардан биз татыктуу өтүшүбүз керек. Анан эле кыпындай далили жок, бир беткей караламай, шыбамай материалдарга убактымды коротуп турсам, бияктагы ишибиз кайда калат? Уюшкан кылмыштуу топтордун, сырттагы качып жүргөн качкындардын, Медет Садыркуловдун өлүмүнө тиешеси бар колу канкорлордун буюртмасын аткарып, мени, биздин кызматкерлерди шыбап, чындыкка дал келбеген маалыматтарды жарыялап жүргөндөргө теңелгим да, чычалагым да келбейт. Кимдин-ким экенин убакыт, мезгил өзү эле таразалап, талдап алат. Кудай бар да. Эгерде далилдери барбы, ортого чыгарышсын? Чогуу иликтеп, тактайлы.

Булак: “Азия ньюс”

“Республика-Ата Журт” фракциясы спикерликке Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин колдойт

“Республика-Ата Журт” фракциясы төрагалык орунга коалиция лидери Чыныбай Турсунбековдун талапкерлигин колдойт. Бул тууралуу аталган фракция бүгүн билдирүү таратты.

Билдирүүдө бабановчулар фракцияларды бирдиктүү талапкер алып чыгууга чакырып, КСДП Жогорку Кеңештеги эң көп орунга ээ экендигин, эгер коалициянын жана КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков спикерликке көрсөтүлсө анын талапкерлигин колдошоорун айткан.

Фото - Кыргызстанда Сөз эркиндигин коргоо комитети түзүлдү

Кечээ, 21-апрелде Бишкекте, Кыргызстанда Сөз эркиндигин коргоо комитети түзүлдү. Бул тууралу Кyrgyztoday.kg маалымат агенттигине комитеттин уюштуруучуларынын бири Бегалы Наргозуев билдирди.
“Мындай уюмду түзүүнүн зарылчылыгы эмнеден келип чыкты? Акыркы учурларда сөз эркиндигине Атамбаевдик бийлик тарабынан чоң коркунучтар түзүлүп, журналисттерди сабап кетүү адатка айланды. Бийликке сын айтып жүргөн журналисттер Булат Сатаркулов, Шаирбек Маматокторов, Турат Акимовдор катуу сабалышты. Алтургай Турат Акимов бир өлүмдөн калды. Ал арматура менен башка чабылганда буйтап кетпегенде эмне болорун бир гана кудай билет. Бийликтин камчы чабарлары оппозициячыл журналист Адилет Айтикеевдин төшөгүнө чейин аңдып, уят видеотасмаларды жайылтышты. Бийлик бул фактыларды иликтеп, зөөкүрлөрдү таап, жазасын берген жок. Атамбаевдин жанында жүргөндөр көз карандысыз “ОшТВ” телеканалын жана “Вечерний Бишкек” басылмасын рейдерлик жол менен басып алышты”, – деди Бегалы Наргозуев.
“КТРК жана ЭлТР телеканалдары коомдук телеканал болуудан калып, толук бойдон адилетсиз зөөкүр бийликти гана тейлеп калды. Мамлекеттик телеканалдан бийликти сындагандарды жамандатып, карандай калптарды таратышууда. Бийликтин өкүлдөрү Икрамжан Илмиянов, Асилбек Жээнбеков, Тайырбек Сарпашев жана башкалар тымызын гезиттерди ачышып, бирөөлөргө каттатып коюп, анан каржылап бийликти мактаган, оппозицияны боктогон калп маалыматтарды таратып жатышат”, – деп улантат Наргозуев.
“Оппозиционерлердин кухняда олтуруп сүйлөшкөн сөздөрүнө чейин тыңшап жаздырып, анан ошол факт боюнча камакка алып жатышат. Бирөөнүн бир жерде сүйлөп койгон сөзү үчүн гана камап коюу фактысы мурунку режимдерде да болгон эмес. Бул Атамбаевдик режимде гана болуп жатат. Мындан башка көп ММКларга оппозиционерлердин пикирлерин жарыялабоо боюнча “кара тизме” берилип, көзөмөлгө алынган. Бийликтин карасанатайлыгынан чочулаган журналисттер өздөрүнө-өздөрү цензура киргизүүгө мажбур болушууда. Мына ошондуктан Кыргызстанда сөз эркиндигин коргоо муктаждыгы эң башкы планга чыкты. Эгер биз сөз эркиндигин коргобосок атамбаевчилер кыргыз эли акыркы 20 жылда тапкан демократиялык жеңиштердин баарын тебелеп-тепсеп өз кызыкчылыктарына тартып алганы жатышат. Сөз эркиндигин коргоо комитетин түзүү демилгесин журналисттер, “Республика” гезитинин редактору Замира Сыдыкова, “Заноза” маалымат порталынын баяндамачысы Нарын Айып жана “Кыргызстан бүгүн” маалымат агенттигинин ээси Бегалы Наргозуевдер көтөрүп чыгышты. Аларды саясатчылар Өмүрбек Суваналиев, Равшан Жээнбеков, Адил Турдукуловдор колдоп кетишти. Кечээги жыйында баары болуп дагы 17 адам кол коюшту. Алардын арасында Табылды Акеров, Сапарбек Аргынбаев, Тимур Саралаев, Бурул Усманалиева, Мавлян Аскарбеков, Элнура Кулуева, Сурат Жылкычиев, Булат Сатаркулов, Шаирбек Маматокторов, Нурбек Токталиев, Азамат Тынаев жана башкалар бар. Комитетти туруктуу иштей турган уюмга айландыруу максатыбыз бар. Бийликтен куугунтук жегендердин укугун укуктук кеңеш берүү, бекер адвокат таап берүү жолдору менен, ар кандай акцияларды уюштуруу, эл аралык уюмдарга кайрылуу сыяктуу ар түрдүү жолдор менен коргойбуз”, – деп жыйынтыктады Бегалы Наргозуев.
КЗСС 210416 22
КЗСС 210416 7
КЗСС 210416 11
КЗСС 210416 15
КЗСС 210416 21
КЗСС 210416 8
Бакыт Эргешов
Булак: Кyrgyztoday.kg

Атамбаев «Түкүрбө! Не плевать!» акциясына финансылык көмөк көрсөтүү үчүн 50 000 сом бөлдү

Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, социалдык коргоо жана колдоо боюнча президенттик фонддон «Түкүрбө! Не плевать!» акциясына финансылык көмөк көрсөтүү үчүн 50 000 сом бөлүндү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысы ушундай жарандык демилгелер менен кыргызстандыктардын аң-сезиминде сапаттык өсүүлөр болуп жатканын белгилеп, өз өлкөсүн, шаарын жана айылын ардактап сүйүү коомдо уламдан улам маанилүү күчкө айланып баратат деп эсептейт.

30 чакты депутат “Наваттан” наар татып...

Кечээ социалдык түйүндөрдүн биринде Жогорку Кеңештин 30 чакты депутаттары спикер шайлоо күнү “Нават” кафесине барышып чогулганы туурасында маалымат тарады. Ал жерге Исхак Масалиев сыяктуу таанымал депутаттар да көкүрөгүндөгү төш белгилерин тагынып барышкан. Мындан сырткары эл өкүлдөрүнүн айдоочулары ме­нен жан сакчылары обочо жерде турушкан. Маалыматта дасторкон үстү спирт ичимдиктери жана чүйгүн тамактарга толгону айтылат. Маалыматты тактай келгенде депутаттардын бири чын эле ал жерге спи­кер шайлоо өткөндөн кийин барышканын, спикерликке талапкер Бакыт Төрөбаев ага ишеним көрсөтүп добуш берген депутаттарга рахмат айтканын ырастаган.

Булак: “Жаңы агым”

 

Аксакалдар сотуна мурда булганбаган адамдардын киришине мүмкүнчүлүк ачылды

Президент Алмазбек Атамбаев “Аксакалдар соттору жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу”  КР мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2016-жылдын 10-мартында кабыл алган. Бул мыйзамдын максаты аксакалдар сотторуна мурда булганбаган, жүрүм-туруму  үлгүлүү  адамдардын киришине мүмкүнчүлүк ачуу, ошондой эле соттордун ишин камсыз кылуу үчүн тийиштүү материалдык-техникалык шарттарды түзүү болуп саналат.

Мисалы, Мыйзамда төмөнкүлөр каралды:

– аракеттеги Мыйзамдын 9-беренесинин 1-бөлүгүндөгү аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө коюлган талаптарга дагы бир талап кошулду, ага ылайык аксакалдар сотуна соттуулугу жок жарандар гана шайлана алышат;

– аракеттеги Мыйзамдын 29-беренеси жаңы редакцияда баяндалат:

аксакалдар соту салган жазапулдар жергиликтүү бюджетке чегерилип, анын 70 пайызы аксакалдар сотунун ишин камсыз кылууга багытталат.

Мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

КСДПдан депутаттыкка кезек Икрамжан Илмияновго келиптир

КСДПнын бакыйган мүчөсү, юрист депутат Галина Скрипкина бүгүн-эртең мандатын тапшырып берет. Анткени анын талапкерлиги Евразиялык экономикалык бирлигинин сотуна судьялыкка каралып, жактырылганы маалым болду. Демек, Кыргызстандын атынан Галина Анатольевнадай тажрыйбалуу юристтин барганы өлкө үчүн абдан жакшы жаңылык. Бирок депутат бул боюнча азырынча эч кимге сыр бербей жаткан кези. Анткени кайсы бир депутат мандатын тапшырат деген кеп чыкса эле парттизмедегилердин ичи кайнап, буусунан чуусу чыгып кетет эмеспи.
Баса, биздин билишибизче КСДПдан депутат болуу бактысы президенттин кеңешчиси Икрам Илмияновго келип калыптыр…
Булак: “Фабула”

Премьер-министр Элдияр Убалиевди кызматтан бошотту

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун 21-апрелдеги буйругуна ылайык Элдияр Убалиев өкмөттүн аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруудан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Былтыр 44 миӊ 831 адам камакка алынган

21-апрелдеги парламент жыйынында акыйкатчы Кубат Оторбаевдин берген маалыматына караганда, 2015-жылы акыйкатчы институтуна 12 миӊден ашуун жаран кайрылып, анын ичинен 74 кайрылуу мамлекеттик органдардын текшерүүсүнө жөнөтүлгөн. Көбүнесе жарандар укук коргоо органдары менен сот турумунун акыйкатсыз аракети менен чечимдерине байланыштуу маселелер боюнча кайрылган.

Ошондой эле былтыр 44 миӊ 831 адам камакка алынып, мурдагы жылдарга салыштырмалуу соттолгон адамдардын саны кыйла азайган.

В Киргизии заявило о себе новое объединение под названием «Народный парламент», оппозиционное к власти

В Киргизии 20 апреля заявило о себе новое объединение под названием «Народный парламент». Из высказываний его представителя на пресс-конференции в Бишкеке следует, что эта организация намерена стать оппонентом нынешней власти.
«Мы не работаем с политическими партиями. Собрались по трем критериям — государственники, сторонники евразийской интеграции и не замешанные в коррупционных скандалах», — заявил член так называемого народного парламента Бекболот Талгарбеков, которого цитирует местное информагентство «24.kg».
Первую массовую акцию с участием около 20 тысяч человек лидеры объединения планируют провести 28 апреля на площади Ала-Тоо в Бишкеке. При этом заверяют, что акция будет иметь мирный характер. «Мы проверим, нет ли у участников оружия, булыжников, арматуры. Будет собственная служба безопасности. Это и в интересах власти, чтобы ничего не произошло. Каждое действие будем снимать на видео», — сказал Талгарбеков.
По его словам, на митинге огласят 10 причин, по которым президенту страны «целесообразно добровольно и немедленно уйти в отставку», намечают создать народную комиссию по расследованию деятельности четырех близких соратников президента. И, наконец, будет принято обращение «Народного парламента» к Международному уголовному суду в Гааге (Нидерланды) для рассмотрения ответственности подстрекателей и виновников межнациональной войны между киргизами и узбеками в июне 2010 года. «Мы выбрали исключительно мирный и конституционный путь достижения отставки президента», — сказал Бекболот Талгарбеков.
Во времена президента Аскара Акаева один из лидеров нового объединения Талгарбеков работал первым заместителем, а затем и.о. министра сельского хозяйства Киргизии, был вице-премьером по аграрной политике, в 1997-1998 — губернатор Джалал-Абадской области. Последующие несколько лет трудился в аппарате президента Акаева.
Валерий Октябрев
Источник: “Парламентская газета” России

Крым выделит кыргызстанцам квоту на 500 рабочих мест

Курортный центр Крыма выделяет кыргызстанцам квоту на 500 рабочих мест. Как сообщает Государственная служба по миграции, договоренность об этом достигнута с Публичным акционерным обществом “Гостиничный комплекс “Ялта-Интурист”.

Кыргызстанцы смогут трудоустроиться на следующие позиции: горничная, кухонный рабочий, уборщик территорий, официант, уборщик общественных территорий.

Кроме того, работодатель организует бесплатный транспорт из Кыргызской Республики до г. Ялты и обратно в конце сезона, обеспечивает бесплатным проживанием в общежитии, трехразовым питанием в служебной столовой, униформой.

Также сообщается, что заработная плата перечисляется на карту за работу по графику 6/1 при 10-часовом рабочем дне в размере от 20 000 руб. в месяц.

При этом контракт заключается на весь туристический сезон в Крыму, а он составляет 6 месяцев – с 1 мая по 1 ноября 2016 года.

Как отмечает миграционная служба, данные меры предприняты в целях трудоустройства граждан Кыргызстана в связи со снижением спроса на иностранную рабочую силу в сфере туристической индустрии Турции.

КНДР роет тоннель для ядерных взрывов – США

Северная Корея готовит новые испытания.

Северная Корея роет тоннель для очередного ядерного испытания на своем главном полигоне Пунгери, сообщает американский “мозговой центр” 38 North со ссылкой на анализ спутниковых снимков. Отмечается, что подобные приготовления Пхеньян осуществлял перед своим последним ядерным испытанием в январе текущего года.

В “мозговом центре” считают, что Северная Корея приступила к рытью тоннеля впервые с начала 2016 года.

Аналитики полагают, что КНДР может вести подготовку к ядерному испытанию одновременно с рытьем тоннеля.

2 марта Совбез ООН единогласно поддержал самый жесткий за последние 20 лет проект резолюции о расширении санкции против Пхеньяна. Соединенные Штаты и их союзники, при этом, настаивали на более жестком варианте санкций, но Китай добился от них отмены тех мер, которые могут дестабилизировать КНДР, окончательно развалив ее экономику.

Новый пакет санкций против Северной Кореи был подготовлен США и ее союзниками в связи с проведением последних собственных ядерных и военно-космических испытаний в январе-феврале этого года. 6 января КНДР заявила об успешных испытаниях водородной бомбы, а 7-го февраля СБ ООН осудил ее за испытания баллистической ракеты.

За несколько часов до голосования Совбеза по поводу нового пакета санкций, об угрозе ядерной программы КНДР заявили дипломаты Южной Кореи и США.

Источник: segodnya.ua

 

Акыйкатчы Оторбаев КСДПнын депутатын “шылдыңдап”...

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ксдпчы депутат Рыскелди Момбеков акыйкатчы институтунун азыркы абалына күйүп-бышып, жалындуу сөздөрдү айтты. Эл өкүлүнүн пикиринде азыр күн сайын ондогон адамдардын укугу тебеленип жаткаса да акыйкатчы жарытылуу иш жасабай жатат.

“Бизде акыйкатчы институту талкаланып бүттү. Бүгүн бул жерге келип алып, кургак сөз менен отчет берип жатасыңар. Жасаган ишиңерден дайын жок. Ондогон адамдар зар какшап, көчөдө акыйкат издеп жүрүшөт. Эмнеге ошолорго жардам бербейсиңер? Кылмыштын баарын кылып, элди кыйнап жаткан – бул чиновниктер. Ошолордун бетин ачып, министрлерди, прокурорлорду иштен кетирүүгө көмөк кылсаңар ошондо гана бул институттун кадыры өсөт”, – деди Момбеков. Бирок, акыйкатчы Оторбаев анын сөздөрүн шылдыңдагансып күлүп отуруп укту. Жооп берген жок.

Эске салсак, бүгүн парламент жыйынында акыйкатчы Кубат Оторбаев жасалган иштер тууралуу баяндама жасап жатат.

 

Сөз эркиндигин коргоо комитети алгачкы жыйынга чогулду

Кыргызстанда жаңы түзүлгөн “Сөз эркиндигин коргоо комитети” деген бирикменин алгачкы жыйыны өттү. Жыйын соңунда билдирүү кабыл алынды.
Анда “Сөз жана жыйындар эркиндиги үчүн күрөшүү керек болууда. Өлкө коомдун саясий жоопкерчилигине муктаж. Ал үчүн бардык саясий жана коомдук күчтөр менен ачык диалог жүргүзүү зарыл” деп айтылат.
Билдирүүгө азырынча 16 адам кол койду. Алар: журналисттер Замира Сыдыкова, Нарын Айып, Азамат Тынаев, Сурат Жылкычиев, Элнура Кулуева, саясатчылар Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Суваналиев, Бегалы Наргозуев, жарандык активисттер Бурул Усманалиева, Адил Турдукулов жана башкалар.
Журналист Нарын Айыптын “Азаттыкка” айтымында:
– Акыркы кезде бийлик маалымат каражаттарына, өзгөчө телевидениеге үстөмдүк кыла баштады. Бир да телеканал ачык, толук маалымат бере албай калды. Анткени кайсы окуяны кантип чагылдырууну Ак үй чечет. Көз каранды эмес каналдар да коркуп турат. Биз Түркмөнстан же Өзбекстан менен өзүбүздү салыштырып, кыйынбыз, ачыкпыз деген мезгил өттү. Биз ошол эле СССРге мүчө болуп жүргөн Эстония, Латвия менен салыштырып, алдыга жылышыбыз керек.
Былтыр жыл соңунда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов “Президент тайманбас жана чынчыл журналисттерди ар дайым колдоп келген жана колдоп жатат. Ал журналисттерди бир гана абийирге чакырып келет” деген.
Булак: “Азаттык”

Өмүрбек Бабанов: “Түрмөлөрдү карап жүрөгүң түшөт”

Кыргызстандын түрмөлөрү мышык ыйлай турган абалга жетти. Бул тууралуу “Республика-Ата Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов парламентте акыйкатчынын отчетун угуп жатып билдирди. “Биздеги түрмөлөрдү карап жүрөгүң түшөт. Таптакыр шарт жок. Кичине акчасы барлар жакшыраак камераларда кармалат экен, ал эми бей-бечаралар бир бөлмөдө ондон отурушат. Менин оюмча жеке менчик түрмөлөрдү кура турган убак келди. Абакта отурганы менен алар деле биздин жарандар да. Аткаруу бийлиги бул жагын ойлонушу керек”, – деди депутат.

Ошондой эле ал кээ бир капчыктуу кылмышкерлерди түрмө жетекчилиги сауналарга алпарып, кыздар менен камсыздап жатканын, мунун арты жакшылыкка алып келбешин дагы эскертти.

Сооронбай Жээнбеков, премьер-министр: ”Мен дагы башты салып “эми өлдүм” деп ойлонуп турам”

2001-жылдан тарта Рыспай Абдыкадыров атындагы фондду жетектеп бериңиз деп Сооронбай Шариповичке дайындашты. Агезде ал киши Жогорку Кеңештин Эл Өкүлдөр палатасын да башкарып турган. Эки чылбыр бир тизгин колдо кез. Ошенткенине карабай өзү жөнөкөйлүгүнөн тайган жок. Кээде тамашалашып да калаар эле. Анан бир күнү тамаша-чыны аралаш сурадым.

Сооронбай байке, сиз жана бир туугандарыңыз бүт эзелтен чоң кызматтан түшпөдүңөр. Анан атаңыз Шарип аксакал силерди атайы ушундай жетекчиликке тарбиялаган, анан атургай фамилияңар окшош болуп, бир туугандар бири-бирине кедергиси тийбесин деп атайы ар кимиңердикин башка жаздырган дешет? Деги силер кандай тарбия алгансыңар? Чын эле эл арасында айтылган сөздөр чынбы? -деп. Күлгөндө же ачуусу келгенде кызарып кетер эле. Ошентип кызарып барды да, анан күлкүсүн токтотуп:

-Мен бир эле эсимде калган окуяны айтып берейин. Ошондон өзүң жыйынтык чыгар. Менин атам чын эле Каракулжа районуна, атургай бүт облуска таасирдүү адам болгон. Ошондой мезгилде менин өспүрүм курагым туш болду. Союз маалы күчөп турган. Тартип катуу. Анан бир күнү райондогу эки мектептин окуучулары массалык мушташка чыгып кеттик. Окуучулар арасында райондун акиминин баласынан тартып, эң таасирдүү делгендердин балдары бүт бар болчу. Эртеси мектеп деректири баардык ата-энелерди мектепке чакырды. Ызы-чуу, кыйкырык-сүрөөн. Башка чоңдор эл көзүнчө эле кыйкырып, балдарын сөгүп жатат “Мени уят кылдың” деп. Мен дагы башты салып, “эми өлдүм” деп ойлонуп турам. Баары улам бирден чыгып сүйлөп жатышты. Анан башымды салып атам жакты карасам менин атам кызарып, бирок мага карап мээримдүү жылмайып отуруптур.Эч үн чыгарган жок. Эл көзүнчө бир дагы тыйбады. “Баламдыкы туура эмес болсо, өзү мойнуна алат. Үйгө барганда сүйлөшөм” деп мектептен алып кетти. Негизги тарбия ушундай болгон. Анан фамилиябыздын ар кандай болуп калганы-агезде кимдин кандай каалоосу боюнча көбү чоң-атабызга жазылчу эмес беле…

Карамат Токтобаева, журналист. Прага

Мелис Турганбаев: “«Коопсуз шаар» долбоору аябай саясатташып кетти”

Жогорку Кеӊештин бүгүн, 21-апрелинде өтүп жаткан жыйынында “Коопсуз шаар” долбоорунун өкмөт тарабынан ишке ашырылышы жөнүндө маалымат угулууда. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйын жүрүшүндө «Коопсуз шаар» долбоору боюнча жарыяланган тендердин тагдырына кайрылган ички иштер министри Мелис Тургунбаев бул долбоордун идеясы мыкты болгону менен, тендердин жүрүшүндө көптөгөн одоно каталар кетирилгендиктен, анын жыйынтыгы жокко чыгарылганын баса белгиледи. «Мында Ички иштер министрлигинин күнөөсү жок. Анын үстүнө, бул долбоордо ири өлчөмдөгү каражат каралгандыктан, азыр аябай саясатташып кетти. Биз мындайга жол бербешибиз керек», – дейт ал.

Эске салсак, Бишкек шаарынын жол кесилиштерине байкоо жабдууларын орнотууга арналган «Коопсуз шаар» долбооруна жарыяланган тендерде «Стилсофт Бишкек» кыргыз-орус компаниясы жеӊип чыккан. Бирок, тендерде кемчиликтер кетирилгендиктен, анын жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Министр башында бул долбоорго аралашпаганын, бирок, акыркы вариантка ал өзү кол койорун, долбоордун иштелип чыккан варианты боюнча шектенүүлөрү бар экенин, көп мыйзам бузуулар болгону аныкталганын, көптөгөн кагаздар жоголуп кеткенин, ал иштебей калышы мүмкүн болгон документке кол койбогонун, бул чоң жоопкерчилик экенин билдирди. Ал азыр «Коопсуз шаар» долбоору боюнча сот болуп жатканын кошумчалады.

Турганбаевдин айтымында ушу тапта Ички иштер министрлигинин демилгеси менен ордо калаанын көчө кесилиштерине видеобайкоо жабдуулар тутуму орнотулуп, жолдо жүрүү эрежелеринин сакталышына көзөмөл жүргүзүлүүдө. Күнүнө 120 миң сом түшүп, азыр 2 млн 55 миӊ сом көлөмүндө каражат топтолду. Ал Казыналыкка түз түшкөндүктөн, четке кетпейт. Чогулган каражат толугу менен көзөмөл тутумун кеӊейтүү багытында жумшалмакчы. Анын айтымында, видеожабдуулар коюлгандан бери жолдо жүрүү эрежелерин бузуу 6 эсе кыкарды.

Канатты кайрып, Бакытты колдон учуруп Чыныбай келе жатат

Спикер шайлоодо жеңил категориядагы атаандаштар биринчи раундда эле нокаут кетти.  Кызыгы, экөө тең бир учурда, бирдей “удар” менен кулаганы көпчүлүктүн көңүлүнө жакпай калды. Анткен менен буларга залда көз салып отургандар мушташ аябай кызыктуу, анан калыс өткөнүн айтып, өздөрүнчө ыраазы болуп кол чаап, бул эми тарыхта калат деп ийишти. Ал эми жеңишке жетпей, биринин Канаты сынып, биринин Бакыты колдон учкан тиги экөө бозоруп, бирок сыр бербей рингден узады.

Эми күтүлгөндөй эле экинчи раунд башталды. Мунусунда оор салмактуулар бет келет. Тегирмендин унун тоё жеп, күчкө толуп турган бирөө бар. Азырынча ошол кишинин аты аталып жатат. Бирок ага каршы атаандаш чыкчудай эмес. Чыкса да рингге жеткирбей эле сындырып койчудай түрү бар. Ошондуктан баары жеңишти жөн эле берип койсокпу деп ойлонуп турушат. Ойлонгондо не, баарыбир колуңардан пок дагы келбейт деген киши жок. Кыскасы, Бакыты учуп, Канаты кайрылып кайгыга чөгүп тургандарды Чыныбай деген баатыр келип соорото турган болду. Күтө туралы…

Коррупция боюнча медициналык коллеждин кызматкерлерине кылмыш иши ачылды

Жалал-Абадда медициналык коллеждин жооптуу кызматкерлери коррупциялык иштерге аралашканы аныкталды. Буу тууралуу аталган облустун ИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда Жалал-Абад ИИБнин Бешинчи бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде, медициналык коллеждин жооптуу кызматкерлери тарабынан 2015-жыл ичинде студенттерден камкордук фондко деп чогулган акча каражатынан, жасалма актынын негизинде 351 720 сом мыйзамсыз түрдө өздөрүнө ыйгарылганы аныкталган.

Аталган факт боюнча КЖКнын ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу, жасалма документ боюнча 171 жана 350-беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Оппозициянын оозу жабылганы – мамлекет үчүн коркунучтуу

Жаз, күз кыргыз коомчулугун эриктирбеген жаңылыктарга, ар кандай саясый жүрүштөргө бай болот. Маселен оппозициянын от алышы, бийликке айбат көрсөтүшкөнү элдин көңүл борборунда болуп, жыйынтыгында, Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков камалса, Дастан Сарыгулов үй түрмөсүнө байланды. Ошентип, бийликке каршылык көрсөткөндөр суюлгансып турат…
Бирок, журналисттер жаатында айбаттуу түрдө Акүйгө каршылык көрсөткөндөр жок эмес. Маселен, Бегалы Наргозуев, Замира Сыдыкова, Адиль Турдукулов, Адилет Айтикеев, Дайыр Орунбеков, Аскат Тейит ж.б. калемгерлер ЖМКларда жана интернет түйүндөрүндө так түйүлүшө иштешүүдө. Мунун өзү Кыргызстанда сөз эркиндигинин бар экени, Борбор Азия өлкөлөрүнөн айырмаланганыбыздын айгинесин көрсөтүп турат. Эң алды сөз эркиндиги болсо, мамлекеттин өнүгүшүнө, демократиянын жанданышына өбөлгө түзүлөт.
Кызыгы, жогорудагы камалган саясатчылардан соң, оп­позиция жааты артка чегинүү жасап, баштагыдай дымактуу билдирүүлөрү угулбай калды. Себеби, коркуу сезими күчөдү, ошого катар радикалдардын каржылык булагы какшыгандай…
Негизи конструктивдүү оп­позиция коомчулук алдында ар дайым бийликти ынанымдуу негиздер менен сындап, кандайдыр бир реалдуу сунуштарын көрсөтүп турушса, мамлекеттин өнүгүүсүнө өбөлгө түзүшөт эле. Тескерисинче, ооздору жабылуунун өзү коркунучтуу. Мындай шартта парламенттеги «Рес­публика-Ата Журт», «Бир Бол» сыяктуу оппозициялык фракциялар президент Алмазбек Атамбаевдин көзү ме­нен тең айлангандай шартка кептелгени эмнени билдирет? Мына, премьер-министр менен спикерди шайлоого «Республика-Ата Журт», «Бир Бол» дагы альтернати­ва катары кандидаттарын чыгара алышпай, демократия жана парламенттаризмдин өнүгүшүнө залакасын тийгизгендей кадамга барышты. Ал эми бийлик курамын түзгөн, көпчүлүк коалициядагы СДПК, «Кыргызстан», «Ата Мекен», «Өнүгүү-Прогресс» фракциялары өздөрүнүн жолу менен кетүүдө. Булардын ичинен «Кыргызстандын» лидери Канатбек Исаев мурдагы өкмөт башчы Темир Сариевдин тендерге байланышкан коррупцияга шектүү ишин коомчулукка ачыктап, өлкөнүн өнүгүшү үчүн чоң иш жасады. Эми ал чуулгандуу тендердин иши күч органдары тарабынан кандай тергелет? Бул жагынан саресеп салып турмакчыбыз…
Баса, быйыл жаз эрте келди эле, көчө оппозициясынын нааразычылыгы да эртелей тынчыды. Камактагы К.Кадыров, Б.Асановдун жакындары пресса аркылуу улам-улам бийликке чабуул жасап турары белгилүү. А оор салмактуу ой айта турган сая­сый элита дымып, бийликке карата сунуш, ой-пикирин айтууга диттери барбай турушат. Парламенттеги РАЖ менен «Бир Болдун» ахвалы кейиштүү, жалтанып калышкандай, омоктуу ойлорун укпадык. Мындай «жымжырттыктын» аягы жакшылык ме­нен бүтөбү?..
Булак: “Азия ньюс”

Өмүркулов “өзүм спикер болом” дейт

Көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан парламент төрагасын шайлоо өттү, бирок башчы шайланган жок. Негизинен жөнөкөй жарандар үмүт артып турган жаш талапкерлер маарага жетпей калышты. Эми жарышка кайрадан “карт бөрүлөр” чыгаары, алар КСДПдан болоору ачык эле айтыла баштады. Ажонун жакын досу, Бишкектин мурдагы мэри, учурда парламентте отурган Иса Өмүркулов радиолордун бирине берген маегинде төрага болуу ниети күч экенин жашырган жок.

Анын айтымында Бакыт Төрөбаев менен Канат Исаевге жакшы шанс берилди. Бирок алар ишеничти актаган жок. “Эми КСДПнын жүзү жарык. Аларга мүмкүнчүлүк бердик. Эми көпчүлүк мени колдосо төрага болууга даярмын. Тажрыйбам жетиштүү. Бийликтин ысыгын да, суугун да көрдүм”, – дейт Өмүркулов.

Ишенимдүү сүйлөгөнүнө караганда Өмүркуловдун өтүмдүүлүгү кийинки төраганы шайлоодо депутаттардын сынына коюлушу мүмкүн.

Депутат Рыскелди Момбеков кимге ишенээрин билбей...

Жакында эле транспорт жана коммуникациялар министри Замирбек Айдаров Жогорку Кеңештин депутаттарына отчет берип жатып Балыкчы-Тамчы-Корумду жолун курууга акча табылды деп сүйүнчүлөгөн болчу. Анда каражат Улуттук банктын кирешесинен, аэробекет жыйымдарынан жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан алынары айтылган. Бирок, кечээ «Манас» аэропортунун жетекчилиги муну четке кагып, “биздин акчага көз артпагыла, ал аэробекеттин жабдууларын жаӊыртууга жумшалат” деп чыкты.

Мындай карама-каршылыкка башы маң болгон депутат Рыскелди Момбеков «Деги, булардын кимисине ишенсе болот? Мамлекеттик органдар менен мекемелер мындай кайчы пикир айтканын, бири-бирин жокко чыгарганын канчан токтотот? Өкмөт бул багытта тиешелүү чараларды көрүп, так жообун бериши зарыл», – деди парламенттин бүгүнкү жыйынында.

Адилет Айтикеев: "Менин эркектик кубатыман шек санагандар сүйгөн кыздарын жөнөтүшсүн"

Кыргыз журналистикасында бу жигиттин атагы таш жарып турат. Өзгөчө мүнөзү бар – кежирлиги, көкжалдыгы, күтүүсүз жоруктарга уста экени, сыягы, авантюраларын айтып отурсак, сөз о-оо, сайдан-сайга ташкындайт… Эмесе, суроолорду кабыргасынан эле баштайлык.

Адилет мырза, амансынбы?

-Эмне, суук кабар уктуңузбу?..

-Ой, жо-ок, учурашып жатканым да, байболгур!

-Аа, кандайсыз? Жакшы, жакшы…

-Сен Минскиге барып, Жаныш Бакиевден маек алып келгениң коомчулукка дүрбөлөң салды окшойт. Бирок, Жаныш ачууланып, «Адилет интервьюну бурмалап чыгарыптыр, көрсөтөм!» деп ачууланганына не дейсиң? Сага коңгуроо түшкөн жокпу?

-Эми мен интервьюну кандай болсо, ошондой жарыяладым. Эч кандай проблема болгон жок. Болгону артымдан бир топ убакытка чейин күнү-түнү эки машине аңдып жүрдү. Аны Минскиде жашынып жаткан Жаныш Бакиев андытпайт да…

-Анын айынан маалыматтык жактан катуу чабуулга кабылдың окшойт?

-Маалыматтык чабуулга ар дайым кабылып келгем. Акыркы кездери буга көнүп да бүттүм. Андай жазгычтар курусун, өз аттарын жашырып алышып, бир кычыктарда компьютерлерине жабышып алышып, «баатырлардай» кыйынсынгандар толтура. Мындай акмактарга эчак эле түкүрүп койгом! Мен эч кимдин опузасынан да, өзүнөн да коркпойм. Адилет атым турганда катылгандын катыгын берип, эзгенин-эзип коём, керек болсо, энелерин Уч-Коргондон таанытам!

-«Эгемен», «Фокус» аттуу сайттарга кандай жооп кылат элең?

-Эми андайлар жаза берет, айта берет. Былжырай берет. Менин өзүмө да, видеомо да, баарына асылып жатышат. Булардын эми деңгээли түшүнүктүү да. Жооп бергенге да татыктуу эмес. Ал эми менин эркектик кубатымдан шек санаган көрпенделер сүйгөн кыздарын жөнөтүшсүн. Ошолор кайра эр сөрөйлөрүнө барып, анан менин ал күчүмдү

көздөрүн жашылданта айтып беришет…

-Туура, кээде бел күч маанайга жараша болот. Ар кан­дай… Чарчап турганда алсыздай болуп каласың да… Бирок, мындай учурда эркектер бири-бирине сынтакканы туура эмес. Ар бир башта бар. Негизи саясатта белден ылдый түшкөн туура эмес го?

-Бул суроону ошол жазып аткан инилериңизге берсеңиз жакшы болмок. Мен деле алардын дараметин ар кимден угуп жүрөм. Бирок, бул менин деңгээлимдеги сөз эмес да. Андайларга майдай-тескей жолугуп калганда, бир гана сөз менен жооп берүү жетиштүү. Өчүрө турган учур келет! Ал эми ма­га «сени баланча гезит минтип жазыптыр, окуп калдык» дегенинен эле байкабасам, ал сайттарды барактаганга убакыт да жок. Ал эми гезиттерин дегеле окубайм. өзүмдүн гезитимден кол бошобой жатса кайдан?

-Сага карата Жаныш Ба­киев жөн жатпай тескери сөз айтканын Аскат Тейит айтып жүрөт. Экөөнө кандай «ответка» кылат элең?

-Мен дээрлик журналисттик жолумда жүздөгөн адамдар менен маектешкем. Жаныш Бакиев ошол жүз маектештин бири. Анын субъективдүү пикири мааниге ээ эмес. Кызык, Аскат Тейит айтабы, башкасы айтабы, ал мен үчүн маанилүү эмес. Эгер чын эле ошентип айткан сөздү ары-бери ташып жүрсө, анда ал жигитте проб­лема бар. Бирок, Аскат түз жигиттей көрүнөт мага.

-«Министр Мелис Турганбаев ачууланып, Адилет Айтикеевди коркутту» деген сөз да чыкты го? Коркуп кеттиңби?

-Турганбаев мен үчүн жөн гана министр, андан башка ашыкча статусу жок. Мен Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы күрөшкөм. Керек бол­со, түрмөгө отуруп да чыккам. «Кабагым-кашым» дебей эле. Эч кимден коркпойм! Ошондуктан, мындай айтылган сөздөр көнүмүш болуп калган. Турганбаев мен үчүн обычный гана министр.

-Адиль Турдукулов президенттик шайлоого аттанууга бел байлаганын билдирди. Колдойсуңбу? А балким, келечекте сен дагы талапкерлигиңди койбойсуңбу?

-Эми мунуңузду тамаша ка­тары кабыл алайын… Адиль жакшы жигит. Келечеги кең. Эгер досум президенттик күрөшкө аттанса, мен чын дилим менен колдойм. Ал биздин мамлекетке, келечекке жаңы кан жүргүзүп, мамлекетти, атүгүл элдин көз карашын өзгөртөрүнө ишенем. А өзүм боюнча айтсам, насип буюрган учур келет. Мен дагы мамлекеттин келечеги үчүн өзүмдүн бактымды сынап, президент болуу үчүн бир убакта аттанам. Бирок, бул жакынкы аралыкта эмес, балким 15 жылдан кийин. Ага чейин өзүмдү баардык жактан даярдап, билимимди, тажрыйбамды өркүндөтүү ме­нен алектенем.

-Жаныш сага жакынкы аралыкта келе турганын айтыптыр. Сүйүктүү Аскар Акаевиң качан келерин билесиңби?

-Эми мен суроо бердим, Жа­ныш Бакиев жооп берди. Мен берген жообун жарыяладым. Болгону ошол. Ал эми Аскар Акаевич буюрган күнү келет. Чын жүрөктөн күтөм. Аны тарых актап койду. Эл жогору баалап жатат…

Булак: “Азия ньюс”

Меню