Menu

Кайрылуу: "Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановторду эл душманы кылып, тим эле №1 террористке айландырышты..."

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевге, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына К а й р ы л у у

Сиздерге кайрылып жатканыбыздын себеби, акыркы учурда мамлекетибизде болуп жаткан саясий-экономикалык абалыбыз тынсыздандырып келет, азыр кайсы гана массалык-маалымат каражттарын алба, бири-бирин эле жамандаган саясатчылар, журналистер. Президентибиз туура айтып жатат “журналистер, калыс болуп, коомчулука  туура маалымат жеткиргиле, ушактан алыс болгула” деп. Бирок Президентибиздин сөзү көңүлгө алынбай калгандай, кайран айтылган сөз, жөн эле сөз жүзүндө эле калды, “бөрк ал десе, баш алган” бийликтин айрым бир өкүлдөрүнө жол болсун демекчибиз. Өзгөчө КТРК, ЭЛТР өңдүү телеканалдар, айрым бир басылмалар бир жактуу гана маалымат берип жатканы, карапайым элдерди ирээнжитип кыжырына аябай эле тийип жатат десек жаңылышпайбыз. Акыркы күндөрү, байма-бай тынымсыз, оппозиция өкүлдөрү Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановторду эл душманы кылып, тим эле №1 террористке айландырышты го чиркин. Таң калганыбыз, эми ушу Кадыров менен Асановтон башка мамлекетибизде проблема жокпу деген ойго аргасыздан келесиң. Алар деле кыргыздын жигиттери, алар деле мамлекетибиз өнүгүп өсүү жолуна түшсүн, “бийликтегилер иштебей жатат” деп сындап коюшуп балээлерине калышты, камалышты. Эми ушул саясатчыларды камап койсо эле, элибиз жыргап калган жери жок да?, тескерисинче өтө кыжырдануу менен кабыл алып жатышат. Андан көрө ушул телеканалдар, эмне себептен, электр энергиясынын баасы күндөн күнгө көтөрүлүүдө?, эмне себептен бүгүнкү күнгө чейин Кумтөр маселеси чечилбейт?, баш кесер Батукаевты, Ахмат Бакиевтерди ким качырган, качырып жиберишкен чиновниктер качан жазаларын алышат?, миллиондорду ичип жеп алышкан чиновниктердин жоопкерчиликтери качан каралат!?, качангыга чейин булар тайраңдашат?,  айылда элдер кантип жашап жатышат, деген сыяктуу сюжеттерди, оппозиция өкүлдөрүн көрсөткөндөй, күнүгө көрсөтүшсө, ошондо накта “элдик канал” деген атка конушуп, элдердин алкышына калышмак. Мындай карапайым элдердин көйгөйлөрүн көтөрүп чыкпаган, адилеттүү берүүлөрдү бербеген, КТРК, ЭЛТР сыяктуу “дежур” каналдар бизге керекпи деген суроо туулат.

Кайсы гана мамлекет болбосун оппозиция сөссүз түрдө болушу шарт, мейли бүгүн Кадыров менен Асановту камап койгула дейли, эртең башкалары деле чыгат, алардын баарын камап койсоңор аларга дагы макул бололук, бирок жалпы эл журтту камай албайсыңар да туурабы!? Азыр мамлекетибизде чындык чыркырап турган учур, каяка барба “мамайдын көрү” дегендей,  кайсы жерине барба, бала-бакчасынан  баштап бүт жерде коррупция, бул ушак эмес, бул факт.  Ошол себептен, урматтуулар! быйылкы жылга белгиленген көчмөндөр оюну жогорку деңгээлде өтсүн десеңер  К.Кадыровго жана Б. Асановго карата саясий куугунтукту токтотууну талап кылабыз, тез арадан камактан бошотулсун. Бул кылган мамилеңер  мамлекетке эч кандай аброй алып келбейт, тескерисинче демократиянын өнүгүп өсүүшүнө тоскоолдук гана жаратат.

Терең урматтоо менен,

Б.Теңизбаев

М.Иманалиев

Ж.Урумканова

Ж.Жумабаева

Г.Жапарова

З.Топоева

А.Бузурманкулов

Н.Абдрахманов

Л.Кенжебекова

Путин орусиялыктар менен 14-жолу “түз байланышка” чыгат

Орусия президенти бүгүн салтка айланган “Владимир Путин менен түз байланыш” эфиринде элдин суроолоруна жооп берет. Бул анын 2001-жылдан берки 14-чү түз эфири болуп саналат.

Президентке бериле турган суроолорду бир жума мурун топтоп башташкан. Ал эми программа башталарына бир сутка калганда кайрылуулардын саны бир миллиондон ашты. Бул жылы биринчи ирет суроону “Вконтакте” социалдык түйүнү аркылуу жолдоо мүмкүнчүлүгү жаралды. Кремлдин ырасташынча, анда 100 миңден ашуун адам катталган.

Бир күн мурун президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков кабарлагандай, көбүрөөк берилген суроолордун арасында баалардын өсүшүнө, жеңилдиктерге жана пенсияларды индексациялоого, билим берүүнүн сапатына, коррупция менен күрөшүүгө, бюрократизмге, чакан бизнести колдоого, Украинанын чыгышындагы жаңжалды жөнгө салууга, Орусиянын АКШ, НАТО жана жалпы Батыш менен алакасына байланышкан маселелер бар.

Студияда президент менен кошо губернаторлор, министрлер жана башка чиновниктер да отуруп, Орусиянын жашоочулары көтөргөн маселелер боюнча жооп беришет.

2013-жылы Путин 4 саат 48 мүнөт бою тынбай суроолорго жооп берип, “Түз байланыш” боюнча рекорд койгон. Былтыр болсо анын орусиялыктар менен баарлашуусу төрт саатка жакын созулган.

Өлкөдө офицерлердин психикалык абалына кабатыр болушууда

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов ар жарым жыл сайын аскердеги офицерлердин психикалык абалын текшерүүнү сунуштады.

Ал аскердеги жоокерлердин өлүмүнө тынчсызданып, бүгүнкү армияда эң коркунучтуу маселеге айланганын айтты.

– Армиядагы балдар улуулар тарабынан ур-токмокко кабылып, өзүн-өзү өлтүрүп жаткан учур жөн жерден эмес. Аскердин намысын кордоп, басым жасалгандыктан жоокерлер арданып өзүн өлтүрүп жатат. Бул жерде офицерлердин да психикалык абалын текшериш керек. Алар кандай абалда жүрөт эч ким деле кызыкпайт.

Статистикага таянсак 2014-жылы аскердик кызматын өтөп жатып 14 жоокер каза болсо, жети аскер кызматкери өз жанын кыйган. 2015-жылы аскерде каза болгондордун саны 16 адамга жеткен.

Темир Сариев: "Артка кетенчиктөө мага тааныш эмес”

Темир Сариев өзүнүн тегерегиндеги саясий оюндар, Балыкчы-Корумду жолун оңдоого байланыштуу чуулуу тендер боюнча коомчулукка кайрылуу жасап, кызматтан кетүүгө арызды президентке тапшырганын кабарлады. Дүйшөмбү күнү кечинде президент өкмөттүн отставкасы тууралуу Указга кол койду. Төмөндө биз Т.Сариевдин билдирүүсүндөгү айрым маанилүү жагдайларга көңү бурдук:

“Тендер-гейт” кандай максатты көздөгөн?

– Өкмөт жыл сайын жүздөгөн тендер өткөзөт. Былтыр Транспорт жана коммуникации министрлигинин багыты боюнча 23, Мамархкурулуш жаатында 98 тендер өткөн. Быйыл 100 мектептин курулушу боюнча тендер өтөт. Мыйзамдар жана регламент боюнча тендерди өткөзгөн мамлекеттик органдын жетекчиси жеке жоопкерчиликте болот. Балыкчы-Корумду жолунун тендери да ошолордун негизинде жүргөн, демек, министр керт башы менен жоопкер.

“Империя групп” компаниясына Канат Исаевдин катыштыгы бар экендигин өзү ачык билдирген. Ведомстволор аралык комиссиянын справасында компания тендерге катышуу билдирмесин өз учурунда бере албаганы айтылат. Каржы министрлиги “Империя группту” кара тизмеге кийирген.

Депутаттык комиссия кытай компаниясынын лицензиясы жоктугун билдирген. Жол чарба департаменти нотариалдык каттоодон өткөн, котормосу бар лицензияны көрсөттү. Ага ылайык, “Лонг Хай” жол жана көпүрөө куруу жаатындагы ири компания болуп эсептелет. Акыркы 20 жылдыкта Кытай сапаттуу унаа жана темир жолдорун куруу жаатында дүйнөдө биринчи орунда турат.

Жолдун баштапкы техникалык-экономикалык негиздемесинде Балыкчы-Корумдуга 9,9 млрд. сом кетери жазылган. Тендердин жүрушүндө жеңип алган компания 6,8 млрд сом сунуштаган. Канча бюджеттик акча экономдолгонун ушундан эле көрсөңүз болот. Анда кайсы мамлекетке келтирилген чыгым тууралуу сөз болууда?

Кытай компаниясы бюджеттен акча ала электе эле өз ишин баштады. Келишимге ылайык, алдын-ала төлөм 10 пайызды, же болбосо 680 млн. сомду түзүшү керек, ушу тапта болгону 180 млн. сом гана берилди. 25-марттагы маалыматка ылайык, буга карабастан кытайлык компания 517 млн сомдук жумуш бүткөргөн, 8 млн. долларлык техника алып келген. Б.а. компания жеке өзүнүн 1 милилард сомдон ашык каражатын жумшады. Демек, компания акчасын ала элек жатып, өз милдетин ашыгы менен аткарып жатат.

Депутаттык комиссияны түзүү демилгеси Канат Исаевге таандык. Анын бир тараптуулуугу ишинен эле даана ачык байкалып турду. Жума күнү комиссия басма сөз өкүлдөрүн, бул тармакка тийиштүү жоопкер адамдарды, министрдин орун басары Улан Уезбаевди жана тендердик комиссия жетекчиси Нурлан Кайынбаевди чакырып алып, өз олтурумун башка күнгө жылдырып койду. Андан кечирээк комиссия жабык эшик артында чогулуп, башкы фигуранттардын бирин да укпады. Эмнеге комиссия дал ушундай аракеттенди, ага ким кызыкдар?

Анан эле комиссия дем алыш күнү – ишембиде шашылыш жыйын куруп, 4 барактан турган чечимин токуп ийди. Комиссиянын ишинин объективдүүлүгү үчүн Уезбаев менен Кайынбаевдин көрсөтмөсү да керек болчу, алар дагы чакырылбады. Кана анда ачыктык, объективдүүлүк? А чечим бир эле министр Аргынбек Малабаевдин айткандарына таянып кабыл алыгды. Бир тараптуу маалыматка ылайык чыгарылган чечимге ишенүүгө болобу?

Ишембиде эч ким жокто 7 депутат келип, бир тараптуу чечим чыгарып койгону комиссиянын ишинин жыйынтыгы бир жактуу жана калыс эмес экенинен кабар берет. Өкмөттүн парламент алдында отчет берерде ар кандай имиштер таратылды. 2015-жылдын жыйынтыгы жаман эмес.

“Ыплас саясий интригаларга аралашкан эмесмин”

– Мен көп жылдан бери саясатта жүрөм, ошондуктан, абийир мен үчүн бош үн эмес. Менин атымды жаманатты кылуу аракети көп болгон. Иликтөөнүн ачык жүрүшүнө биринчи кезекте мен кызыкдармын. Тендердин жүрүшүнө менин катыштыгым болгон эмес, болушу да мүмкүн эмес эле. Мен ачыкмын, ишим да көрүнүп турат. Менин чөйрөм, анын ичинде жардамчым Нурбек Султановго карата да ачык объективдүү иликтөө жүрүшү керек. Эгерде күнөөсү болсо, мыйзам негизинде жооп берсин.

Бирөө кылдын кыйкым издеп, ар кандай шылтоолорду издеп башташты. Жашоомдун эң оор учурунда өзүмдүн көз карашымды коргоп келгем. Артка кетенчиктөө мага тааныш эмес. Кызмат ордумду амбициясы жок эле иштин кызыкчылыгы үчүн тапшырууга даярмын.

Бирок актыгымды далилдөө үчүн аягына чейин күрөшөм. Ыплас саясий интригаларга аралашкан эмесмин жана аралашпайм. Кадыр-баркымды таза сактап, жогору кармап келгем жана ушул принциптен танбайм

Мен премьер-министр кызматынан отставкага кетем. Бул боюнча мен президентке маалымат бердим. Мындай кадам учурда түзүлгөн кырдаалды жөнгө салат жана Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн ортосундагы конфронтацияны жок кылат. Азыр мамлекеттин алдында бүгүндөн калбай чечиле турган күнүмдүк маселелер абдан көп. Алар үзгүлтүксүз аткарылышы керек.

Өзүмдүн бардык тажрыйбамды, билимимди жумшадым. Албетте, баарыбыз биргеликте көп нерсени ишке ашырдык. Бирок аткарылбай калган иштер үчүн, акталбай калган айрым үмүттөр үчүн элимден кечирим сурайм

Ар бир мага коюлуп жаткан айып боюнча таза иликтөөнү талап кылам. Мага коюлуп жаткан айыптар курулай жалган, жол чырында менин эч кандай тиешем болбойт дагы.

Булак: “Майдан.kg

Тажикстан президентинин кызы депутат болушу мүмкүн

Тажикстан президентинин Аткаруу аппаратынын жетекчиси, мамлекет башчысынын кызы Озода Рахмон Дүйшөмбү шаарынын элдик депутаттары тарабынан өлкө парламентинин жогорку палатасына депутаттыкка көрсөтүлдү.

Анын талапкерлиги №4 шаардык шайлоо округу боюнча сунушталууда. Бул туурасында “Азаттыктын” тажик кызматына өздүк булактар кабарлады.

Ал ортодо “Азия-Плюс” маалымат агенттиги жеке булактарына таянуу менен Озода Рахмондун талапкерлиги альтернативасыз көрсөтүлгөндүгүн белгилейт.

№4 шайлоо округу боюнча тандоо 29-майда шаардык мажилистин жана баш калаанын төрт райондук мажилисинин депутаттарынын биргелешкен отурумунда болот.

Буга чейин бул округда президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Бахтиёр Худоёрзода иштеп келген. Ал январдын аягында Борборук шайлоо комиссиясынын төрагасы болуп дайындалып, сенаторлук ыйгарым укуктары токтотулган болчу.

Озода Рахмон 38 жашта, 5 баланын энеси. Юридика илимдердин кандидаты. Ал 2005-2007-жылдары Тажикстандын АКШдагы элчилигинин маданият бөлүмүндө иштеген. 2007-2009-жылдары Тажикстан ТИМинин консулдук башкармалыгын жетектеген. 2009-2014-жылдары Тажикстан тышкы иштер министринин орун басары, 2014-жылдын 15-майынан бери ТИМ министринин биринчи орун басары кызматын аркалаган. 2016-жылдын 27-январында Тажикстан президентинин аткаруу аппаратынын жетекчиси болуп дайындалган.

Тажик парламентинин жогорку палатасынын мүчөлөрү төмөнкү палатанын депутаттарынан айырмаланып, түз добуш берүү аркылуу шайланышпайт. Сенаттын 33 мүчөсүнүн 25и депутаттардын биргелешкен отурумунда жашыруун добуш берүү аркылуу шайланат. Калган 8 мүчөсү өлкө президенти тарабынан дайындалат. Тажикстандын биринчи президенти Каххор Махкамов Милли Мажилистин өмүр бою мүчөсү болуп саналат.

Нургазы Анаркулов: "КСДП тумчугууда. Аба жетпей калдыбы?"

КСДПнын акыркы 5 жылдан бери бийликти “менчиктеп” алган жоругуна нааразы болбогон жан кыргызда жок. Өкмөт башчысы кызматына, министрлик-агенттик жетекчилигине тарткан кадрларын карасаң, кускуң келет, деги мындай мурдунун учунан алысты көрө албаган тазбайматтарды кайдан чукуп таап алат, бир чети кыжырың келет, экинчи жагынан буга таң бербеске арга жок, себеби ушунча элдин ичинен эң начарын таап чыгуу да кандайдыр бир деңгээлде чоң талант болуп эсептелет да.

Биз акыркы 5 жыл ичинде 5 премьер-министрди алмаштырдык. Ошонун баарын бул кызматка парламенттеги башка фракциялардын колу-бутун толгоп жатып КСДП өзү койгон, а бирок, кетирип жатканда бир да жоопкерчиликти өз мойнуна алган факты кездешпеди. Билесиз, кимисин болбосун кызматка коёрдун алдында КСДПнын “булбул үндүү” лидери Чыныбай Турсунбеков парламент трибунасынан катыра мактайт, угуп олтурсаң тимеле мындай кадр Кыргызстан түгүл дүйнөдө жок, келери менен кризисти сыйкырчы колу менен жеңип салат. Мына ошондой шаң, салтанат менен канчасы келди, а бирок бирин татыктуу кетириштиби? Жок, ошону апкелген КСДП өзү саясий интриганын башаты болуп, боктоого катышып, абийирин айрандай төгүшүп, тиги кетип атканы бирдеңке дейин десе, “к….дү кыс, бовосо шу турган жериңден камалып, чирийсиң”,- дешип жакалашат. Кудая тобоо! Ушундай да айбандык касиет болобу? А эмнеге эле премьер-министр жазында жа күзүндө дайым алмашып турат? Минтип экспертиңе барып сураштын кереги жок. Анын сыры ачык эле турбайбы. Себеп дегенде күз же жазда адатынча эл өз нааразычылыгын ачык айтууга камынат. Аларга баары бир – арабаны ким айдап баратат, кайсы оппозиционер митинг уюштуруп атат, эптеп трибуна болсо, ачуу чындыкты сураса! Өкмөт алмаштыруу мына ошол элди алдоонун акылдуу жолу. Эл кыйналып атабы? Жашоо ылдый түшүп кеттиби? Свет кымбаттап кеттиби? Оо кокуй, буга президент же парламенттин таптакыр тийешеси жок. Мунун баарын мобул элдин чечкесине чыйкан болуп чыккан, жүзүкара өкмөт жасап жатат. Ошондуктан, ушул өкмөттү алмаштырсак, анан турмуш өз нугуна түшөт, жыргайсыңар! Мындай обонго карапайым адам да кошулуп кетет да, аягында алданып, андан бетер боздоп кала берет. Караса эле башка премьер-министр келди, бирок баягылар эле министрлик орунда. Анан да эскилердин тушундагы акмакчылык андан бетер күчөп, улантылып жатат. Анан эл ойлойт да: аа, премьер алмашкан менен башкалар ордунда калса, түй ата, булардан эмнени күтөбүз, ия! Мына бийлик кантип өз элин алдап жатат. Мына ошол маскарапоздуктун чыныгы автору КСДП экенин көрүп-билип турабыз. Мына азыр күч алып бараткан оппозиционерлерди камоо менен башкаларга: “кысып олтур, болбосо бу досторуңдун жанына барасың”- демиш эткен бийлик чынында абал оор экенин билет. Айрыкча 7-апрель окуясынын 6 жылдыгында канчалаган ачуу кептер айтылды. Эл жеңиши базардагы картошкадай сатылып кеткени угулду. Маселен светти арзандатуу шылтоосу менен сүрмө топ курап бийликке аттанган ушул эле арзыматтар өздөрү келген соң анын баасын үч-төрт эселеп кымбаттатып, бетин табактай кылып олтурганын ким тана алат? Кедей-дыйкан нанга пияз кошуп жеп кардын тойгузуп калганы да Ак үйдө олтургандарга көрүнбөсө, мына эл аралап жүргөн биз билебиз. Өлкө ЕАСэке киргени огобетер кыйналдык. Жылда картошкасын жок дегенде дүнүнөн 10-15 сомго сатып жаткан дыйкан быйыл 5 сомдон да сата албады. Анын чыгымы жабылбай, азыр жазгы талаа ишине кайра карыз сурап кирбеген тешиги деле калбады. Мына ушул маселенин баары бир гана премьер-министрди алмаштырып коюу менен чечилип калабы? Жок! А үмүткер эл мындай бурулуштан жакшы жашоону күтөт. Мына ошол элибиздин үмүткер экендигинен пайдаланып, нааразы элди алдоо үчүн “өкмөт алмаштыруу” оюну жаралып олтурбайбы.

Бу жолку премьерди кетирүү ишаратынын дагы бир жагы бар. Акыркы кездерде Темир Сариевдин жүрүштөрү чоң казатка даярданып аткандай түр бере баштаган. Анын пиар-тобу Темикең теминип койгон нерсенин баарын кооз кагазга ороп элге тартуулай баштаган. Анын кандай мыкты адам экендигин, ишинде кынтык жоктугу үтүктү сайсаң да жаңырчу болгон. Ушунун өзүнөн эле Темир Сариевдин амбициясы алда канча бийик экендиги көрүнө баштаган. А бул азыркы бийликтин чыныгы кожоюндарынын планында жок неме болчу да. Булар пландуу, ырааттуу жол менен мураскер камдап келатышса бу Темикенин жоругу түн уйкуларын бузду да! “Темикениби, не президент болот бекен? Шашпай тур”,- дешип, жанагы “тендер чатагын” чыгарышты. Муну ким баштаганын карасаңыз да дайын болот. Мисалы Канат Исаев ким? Бакыт Төрөбаевби? Ой булар кожоюндун кареги менен тең айланган гана фигуралар. Буларды парламентке ошон үчүн сүйрөп келишти да. Мына, азаматтар, “шефтин” ишеничин аткарып, Сариевдин кетишинде жакшы “пешка” болуп беришти. А бул сценарийдин чыныгы авторлору көшөгө артында кол чаап карап турушту. Сариев жөн кетпей, болгондо да “илинчеги” менен кетип атат. “Одним кандидатом в президенты меньше”- дешип, эми үн чыгарса кылмыш ишин алып чыгып, башына “тарс” чабышат. Албетте, президенттик шайлоого бир жыл калганда премьерлик креслодо президенттик амбициясы бар адамдын олтурушу опурталдуу. Ошондуктан, эми Сариевдин ордуна тил алчаак, айткандан чыкпаган адамды алып келишет. КСДП азыр ушунун үстүндө иштеп атат. Балким, бул ролду ким аткараары капкачан чечилгендир. Акыркы тарбиялык иштер жүрүп жатса керек. Бирок ушунда да экономиканы көтөрүүгө жөндөмдүү кадр келбестиги анык. Демек, жылышты күтүүнүн кереги жок.

А жеке Сариевдин өзүнө келе турган болсок, чын айтсак, анын бул кызматка дайындалышына коомчулук каршы болгон. Бирок КСДП адатынча аны мактап атып койдурган. Ошондо биз да, дүйнөнүн бир да өлкөсүндө парламенттик шайлоодо акыркы орунду ээлеген партия лидерин минтип өкмөт башына алып келбестигин жазган элек. Сариевдин “Ак шумкарын” билесиз да кантип парламенттик жарышта “капут” болгонун. Кечээкиде катышпады. Антсе уят болмок. Бирок, Сариевден алып келишкенде сөз алышкан, “шайлоого катышпайм” дедиртип. Ал жентельменский келишимде бирок президенттик жарыш тууралуу сөз болбоптур… Мына ошентип, элдин 1 пайызы да колдобогон адамды Ак үй премьер-министр кылып, саясий упай топтоосуна жол ачты. Канчалык топтоду, ылдыйда сөз кылабыз. А бирок, минтип эл колдобогон саясатчыны алып келген КСДП бүгүн үн-сөз жок олтурат. Ошондо айрым эксперттер: “дүйнөгө шылдың болдук, эл колдобогон саясатчы келди”,- деп барабан кагышкан. Албетте, эч кандай өзгөрүү болбостугун ошондо эле айтышкан болчу.

Темир Сариевдин өкмөтү он чакты күндү кошпогондо толук 1 жыл иштеди. Темикең кетер чактагы билдирүүсүндө жакшы иштерди жасаганын айтты. Мисалы ЕАЭСке киргенибизди жеке өзүнүн жетишкендиги катары көрсөтүүгө аракеттенди. Бирок, бул биримдикке киргенден кийин эл турмушу тескери кеткенин айтпады. Миңдеген адамдар жанын баккан “Дордой”, “Кара Суу” базарлары мунун айынан токтоп, ишкерлер кредитин төлөй албай тумчугууда. Бул бир эле биримдикке киргендин зыянын көрсөткөн факты.

Мындан башка да Сариев өкмөтү элдин кыжырына тийген бир топ демилегелр менен чыккандыгын эсиңиздерге салып коюубуз керек. Алар:

Биринчиси, өкмөттүн автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу демилгеси катуу каршылыкты пайда кылды. Бул элдин чөнтөгүнө каршы урулган сокку. 3-4төн унаасын гаражына коюп алгандарга минтсе жарашат. А карапайым адамдар 90-жылкы эски унаага олтуруп, эптеп тиричилик кылат. Ошону да көрө албай аткан өкмөткө ким ыраазы болсун? Ошону менен катар Сариев өкмөтү үй-мүлктү да милдеттүү камсыздандыруу керектиги тууралуу чечим чыгарып ийди. Бул да кезектеги элдин жарты тыйынын кагып алуунун амалы эмеспи. Ошондуктан жер-жерлерде нааразычылык акциялары чыгып, мунун жыйынытыгында өкмөт артка кетүүгө аргасыз болду. Бирок бул демилгеден сөз жүзүндө гана баш тартышты, аны жокко чыгарган документ эл назарына коюлбады. Кийинки өкмөткө керез катары калды.

Экинчи элдин жонунан кайыш тилген нерсе– аэропорт салыгы. Билет алган адам автоматтык түрдө 15 доллар салыкты кошо төгөт. Буга да эл катуу нааразы болгон. Өкмөт мунун зарылдыгын жеткиликтүү түшүндүрүп бере алган жок. Аны алып аткан себеби, аэропортту өнүктүрүүгө алган кредитти жабыш керек имиш. “Кредитти жеген бир ууч адам үчүн эмнеге карапайым адамдар запкы тартыш керек,”- деген чакырыктар социалдык тармактардан азыр да жаңырууда.

Үчүнчү дагы бир нерсе– тоолуу райондордун элинин женилдиктерин алып салуу. Башкача айтканда, алардын жөлөк пул, пенсия-пособие, айлык акыларына кошулуп туруучу каражат кемиши керек эле. Нарын элине рахмат. Үчүнчү революция менен коркутушту эле, Сариев кирерге кычык таппай калды.

Төртүнчүсү. Премьер Сариев өкмөттүк жыйындардын биринде бош убактысында унаасы менен жүргүнчү ташыгандарга нааразы экенин айтты. Булар көрсө бюджетке салык төлөшпөйт экен. Ошондуктан булардын ишине тыюу салуу керек. Башбакандын бул сунушун эл кантип кабыл алмак эле? Бу өкмөтүң жакшы айлык төлөсө жаныбызга күч келдиби? Тынч эле бала-чаканын алдында олтура бербейби? Ошол айлыктын аздыгынан, бала-чаканы багуу азабынан аргасыз унаасын айдап, эл ташып, оокат кылып атышат эмеспи.

Бешинчи дагы бир кызык нерсе– биомаалыматын тапшырбагандарга мамлекеттик кызматтарды көрсөтпөө демилгеси. Конституцияда биомаалыматты милдеттүү тапшыруу жагы жазылган эмес. Демек, бул аракеттин өзү мыйзамсыз. Ошондуктан элди шайлоолор алдында мажбурлоо жакшы жыйынтык бербейт.

ххх

Экс-депутат Равшан Жээнбеков соңку саясий оюндарды “президенттик шайлоо алдындагы хансарай оюндары” катары сыпаттап, Кыргызстан социал-демократтар партиясы бардык боткону чалып аткан күч катары жоопкерчиликке тартылышын талап кылды. Анын айтымында, беш жылдан бери бийлик жалгыз ушу партиянын колунда жана бардык реформалар, арам аракеттер КСДП “лөктөрүнүн” колунан келген иш. “Эл убагы келгенде муну катуу сурайт! КСДП арам оюндарын койсун”,- дейт.

Билген адамга КСДП өз тарыхы бар партия. Анын карапайым мүчөлөрүндө чыныгы атуулдук, патриоттук дем-күчү жанып турат. Өткөндө ушул партиянын мүчөсү, революция баатыры айтып атпайбы, “Акаев-Бакиев заманында жөө салаңдап, ачка-суукта митингдерге чыгып биз жүрдүк. Бакиевге каршы да коркпой аягына дейре күрөштүк. Бирок анын баарын кууп, мына элдик бийлик дегенибизде ишеним өчтү. Революция жасап, партияга күйгөн биз четке сүрүлүп калдык да, капкайдагы тааныбаган адамдар алдыга чыгып кетти. Ошолор эми КСДПны “Алга, Кыргызстан” же “Ак Жолдун” деңгээлине түшүрүп салышты. Канча мээнет текке кетти”,- деп. Эгемен тарыхыбызда өз орду бар партиянын минтип таз кейпин кийип калганына кимдин гана ичи күйбөсүн?

Балким, президентке өз партиясынын катарында реформа жасоого мезгил келип жеткендир. Катарында элдин ишеничине суу сепкендер, мамлекеттик казынага кол салгандар, популисттер, кошоматчылар көбөйүп кетти. Бул турушунда “ишенген кадрлар” КСДПны биротоло жок кыларына көз жетип турат. Минтип партиялык тазалоо иши жүрбөсө, таза адамдар келбесе иш чатак. А тигил партия башында туруп алып былгытып аткандарга ишенбей эле койгон оң. Анткени булар “Алга Кыргызстанды” да, “Ак Жолду” да тегеренип, тумар тутуп жүрүп, бийликтен кеткен соң партбилетин таштандыга ыргытып, таза болуп чыккан. КСДП чөксө, булар ошол адатын кайра кармайт.

Нургазы Анаркулов

Булак: “Майдан.kg”,

Чолпонбек Абыкеев, журналист: "Сариевдин шымы жаман жеринен айрылды"

 Өкмөт башына келген күндөн эле “футбол көрөм” деп алтымыштан ашык жансакчы ээрчитип барган, бир жакка чыкса канча бир машиналарды артынан ээрчитип шаң менен жүрүүнү каалаган, ашыкча сыланкорооздугу менен сөзгө илинген Т.Сариевдин да премьер-минстрлик кызматтагы таттуу күндөрү аяктады.
Амбициясы башынан ашкан Т.Сариевдин түбү бизнесмендикте жатат.  Орустун макалы бар, “карышкырды канча бордосоң деле токойду карап улуйт”- деген. Бул кызыл кулактарыңдын (бизнесмендердин) ойлогону эле кантип көп акча табыш, байыш болгондуктан “Сагызган сактыгынан өлбөй суктугунан өлөт”- дегендей, так ушул көрдүйнөгө келгенде дайым жаза басышат да кудай ургурдуку.
Жеке керт башынын абийир, ыйманын түшүнгөн жана аны баарынан жогору койгон өлкөлөрдө дарегине бүгүн Темир Сариевдин атына илингендей күнөлөө  чыкса ошол замат кызматын болбой калды дегенде иликтөө бүткүчө өткөзөт же таптакыр кетип калат да “Эми каалашыңарча текшере бергиле”- дейт. Мисалга жакында Япониянын экономика министри Акира Амари 8 миң долларлык мүлкүн декларация толтурганда көрсөтпөй калганы үчүн отставкага кетти. Биздин чоң кызматта отургандардын ичинен 8 миллион долларын жымыйта каткандары четинен чыгат. Эгемендүүлүктү алган 25 жылдан бери кызматын өз эрки менен “текшерүү бүткүчө” – деп тапшырган бир эле Ж.Оторбаев болду окшойт. Себеби таза адам биринчи кезекте өзүнө ишенет. Темир Сариев болсо кетмек түгүл кызматына “кенедей” жабышып, тескерисинче “тендер гейтти” саясий оюн, атаандаштары, көрө албастарынын ага каршы уюштурган иши катары көрсөтүүгө жанталашып, бир топ жандалбас кылып аракеттенди.
Мамлекеттик эң чоң кызматын бирин ээлеп турган чиновниктин дарегине “1.5 миллиарддан ашык сомду кулкунга урган кылмыш ишине аралаштыгы бар”- деген  айып тагылышы тамаша иш эмес. Премьер- министрлик орун ар ким эле каалаганын айтып  тийише берүүчү да орун эмес. Бул кызматтагы адамга жогорудагыдай айып тагуудан мурда ким болсо да өз жанын көбүрөөк ойлойт. Бийлик машинасынын туткасын кармап турганга адамга каршы чыгыш оңой бекен. Айып болгондо да биринчи кезекте өзүнүн министри тарабынан коюлду. Колунда бышык далилдери болбосо министр Малабаев антип чыкпайт эле го. Депутаттык комиссиянын мүчөлөрү деле кат сабаты жоюлгандардан түзүлсө керек. Документтерди айрып окуй алгыдай.
Жогорку Кеңештин депуттаттары тарабынан түзүлгөн комиссия бир добуштан Т.Сариевдин айыбы далилденгенин айтып чыгышты. Комиссиянын мүчөсүнүн бири ал түгүл жаны күйүп, “колунда эч кандай документи жок эки студент кытайдан учуп келип 7 миллиард сом турган тендерди утуп ала береби? Актанса да кудайды карап актанса боло”- деди. Көрсө, тендерди уткандардын жол салып иштөөгө укуктары  да жок экен. Мөөнөтү өткөн качанкы бир “3-даражадагы жол салуучулар” деген эски документтери болгон экен. Техника түгүл, май ташыган бензевозу деле жок немелер. “3- даражадагы жол куруучу”- дегенге мындай трасса салуу эмес, жолдун жыртык тешигин жамоону деле ойлонуп беришет. Тендерге катышкандардан, документтери жайында 2- даражада жол курууга укугу бар, техникалары бар, шартты да тигилерден жакшы койгон өзүбүздүн жол куруучулар өтпөй калып жатпайбы. Бул жерде жогору жактан өтө чөң күч кийлигишкени жана ири суммада “тамак майламай” болгону сокурга деле көрүнүп турат. Документи жок түгүл тапшырган кагазыңдан бир ката кетсе мындай ири суммадагы каражат коюлган тендерге катышпай каласың. Андан да министрдин өзү эмес орун басары кол койгон документти кабыл алып, премьер-министр токтом чыгарып, ири суммадагы каражатты бөлдүрбөйт. Депутаттардын ачык талкуусуна “ташкордого түшкөндөй” болуп кабылбай отставкага эрте кеткени бир чети туура болду. Болбосо “пачагы чыгып”, нечен айтылбаган сөздөр ачык айтылат эле.
Президент А.Атамбаев “Мен коррупция менен жан аябай күрөшүп келатам. Эмгегимди баалабай атасыңар”- деп нааразы болуп жүрөт. Эгер ушул “тендер гейттин” иши аягына чыгып, 1.5 миллиарддай сомду мойсогондордун жүзү ачылса, анда А.Атамбаев чын эле коррупция менен күрөшүп жатканын иш жүзүндө далилдейт. Эртең “Коррупция менен күрөшсөңөр мендей эле күрөшүп, ишимди улагылачы”- деп кимге болсо да жүзү жарык айта алат. Жок, майнапсыз “калдыр шалдыр” менен бүтүп калса эртедир кечтир кайра эле президенттин өзүнө сөз тийет.
Эмнеси болсо да бүгүн Сариевдин “шымы жаман жеринен айрылып”, канча интрига уюштуруп жандалбасатаганына карабай депутаттык комиссия “ыштаган түлкүдөй” кылып “ийнинен” кууп чыкты. “ Кызматка келгениңди эмес, кеткениңди ойло”- деген акылмандын сөзү бар. Буга чейин 27  өкмөт башчы болгон, бирок бири да минтип “иштеп турган кезинде мамлекеттик казынадан ири өлчөмдөгү каражатты ичип жеген ишке тиешеси бар”- деген күнөө менен кызматынан кол жууган эмес. “Тендер гейт” Т.Сариевдин саясий карьерасына чекит коёт көрүнөт. Иштин чыныгы жүзү ачылып, бүт күнөлүүлөр мыйзам астында жоопкерчиликке чакырылса бир гана тапталган эски жол калды – качыш керек.
Чолпонбек Абыкеев, коомдук ишмер
Булак: “Майдан.kg

Сурамжылоо: Жамалбек Ырсалиев, шаардык Кеңештин депутаты: “Темир Сариев, актыгын далилдеп берсе анда азамат болот, далилдебесе анда...”

 

Мен эмес өкмөт мүчөлөрү кол чаап колдоп узатып жаткан соң жакшы иштеген экен деп ойлоп калдым. Менин көз карашымда тайманбай,тартынбай,жакшы аракет кылып иштеди. Аягында гана тендер деген балээ жабышканы болбосо. Эми ак ийилет,бирок сынбайт дегендей актыгын далилдеп берсе анда азамат болот! Далилдебесе анда элдин сыйынан кетет. Ошондуктан ийгилик жана актык каалайм!

Назгул Насиева, продюсер: «Жерди саткан трайбалист…  деген  атка конду»

Эл оозунда элек жок дегендей Сариев   жерди саткан трайбалист  деген  атка конду. Ошентсе да иштегенге аракет кылды. Бирок, анысынан майнап деле чыккан жок. Ошон үчүн ал тууралуу жакшысынан жаманы көбүрөөк сөздөр эл арасында айтылып жүрөт.

Рита Карасартова, адвокат: «Кыргыз бийлигинде акылга сыйбаган жоруктар орун алып жатат»

-Чынында Сариевдин  ишмердүүлүгүнө байкоо жүргүзгөнгө убакыт болгон жок. Ошондой эле премьерлер жумушка киришип жатканда кандай бир программа менен келсе, ал берген убадасын аткардыбы же жокпу деп карамакбыз. Азыр анын кызматтан кеткени  Президентке жана анын партиясына жагабы же жокпу дегенди эле болуп калды.  Айтайын дегеним, жакпаса мыкты кадр экенине карабай кызматтан кетиришет. Жакса,  эч бир программасын карабай туруп,  кызматка  алып келишет. Баарынан кызыгы, келет, кетип баратканда мага президент колдоо көрсөтпөй койду деп кетишет. Эл мындай мезгилде эмнени талап кылышын билбей калат. Анткени, айтканыңды аткар дейин десе, убада берген эмес. Иштебей койдуң десе президенттен колдоо болгон жок дешет. Айтор, кыргыз бийлигинде акылга сыйбаган жоруктар орун алып жатат.

Төрөхан Жунусбеков, “Мекенчил” партиясынын тең төрагасы: “Өлкөнүн тынчтыгы үчүн кетип жатам деп айтканы  көп иштери каңкуулайт”

Премьер-министр Темир Сариев жакшы иштеди деп айтуу кыйын. Ал кошоматчылыктын деңгээлинен чыга алган жок. Азыр кетиши да өтө чуулгандуу иштерге аралашты, коррупционер аталып, фракция жетекчилери атап айтканда Кыргызстан фракциясы, СДПК фракциясы тарабынан күнөөлөнүп, кылмыш иши ачылсын жөн эле кеткени туура эмес деген маселеге чейин көтөрүлдү.  Ал эми өзү, өлкөнүн тынчтыгы үчүн кетип жатам деп айтканы  көп иштери каңкуулайт.

Адил Турдугулов, “прогресс” фондунун жетекчиси: “Элдин бийликке болгон ишеними жоголду”

-Сариев менен Атамбаевдин ишин ажыратып караш туура эмес. Бийликтин азыркы ишмердүүлүгү ар бир кыргызстандыкты канааттандырышы мүмкүн эмес. Эң негизгиси Сариевге эле эмес, элдин бийлике болгон ишеними таптакыр жокко чыкты. Буга далил акыркы жергиликтүү шайлоолор болду. Анда эл партиянын программасына эмес, канча акча берет экен негизде добуш беришти. Анткени карапайым калктын азыркы бийлике көңүлү калып калганы билинип калды.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан кg”

 

           

Обама: “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу коргонууга өттү

Сирия менен Иракта “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөшүп жаткан АКШ жетектеген коалициянын иш-аракеттеринин натыйжасында согушчандар коргонууга өттү.

Бул тууралуу кечээ АКШ президенти Барак Обама Борбордук чалгындоо башкармалыгынын башкы кеңсесинде улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилер менен жолуккандан кийин билдирди.

Барак Обаманын айтымында, коалициянын иш-аракеттеринин аркасында Сирия менен Ирактагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун көзөмөлүндө болгон аймактар азаюуда. «Азыр алар коргонууга өтүп, биз болсо чабуул жасап жатабыз. Согуштук аракеттер жакшы ыргакта жүрүп жатат жана биз ал турумубуздан жазбайбыз”, -деди Обама.

Обама “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жок кылынган лидерлеринин ысымын атады. Алардан тартып алынган аймактарды белгилеп, экстремисттик топтун башкы каржылоо булагы болгон мунай чыккан жерлерди бомбалоодогу ийгиликтерге токтолду.

Ошону менен бирге Барак Обама “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу мурдагыдай эле батышта теракттарды пландаштырып жана ишке ашырууга жөндөмдүү экендигин моюнга алды. Брюсселдеги жардыруулардан кийин биринчи ирет өткөрүлүп жаткан бул жолугушуунун максаты – “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу менен күрөштөгү жетишкендиктерди тактап, кийинки кадамдарды белгилөө болуп саналат.

Барак Обама “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун түп-тамыры менен жок кылуу үчүн Сириядагы жарандык согушту токтотуу керектигин билдирди

Сурамжылоо: Бейшенбек Бекешов, теле журналист: «Сариев милдетин минус 3кө араң аткарды»

Бажы союзу жыргатат деп жатып дыйкандардын баарын сызга олтургузду. Бишкектин “Дыйкан” базарында картөшкөнүн чекене баасы азыр килосуна 3 сом. Ит бекер болуп калган башка айыл чарба азыктарын айтпай эле коелу. Өкмөттүн биринчи милдети коңшулар менен мамиле түзүү болсо, ал милдетти  Сариев минус 3кө араң  аткарды.

Өмүрбек Абдырахманов, экс-депутат: «Сариев реформатор да, демократ да эмес»

-Авторитардык -президенттик системада премьер-министр  маселе чечпейт, президенттин саясатын колдогон гана “жардамчы” болуп калат. Премьерлер күчтөнүп кетпесин деп аларды жыл сайын алмаштырып турушат. Мунун далили, көз карандысыз мамлекет болгондон бери 26 премьерди алмаштырыптыр. Сариев реформатор да, демократ да эмес. Бирок, элге жакын болуп,  жүгүрүп иштеп жүрдү… Эмки келген премьер андан начар, өз алдынча эмес  адам болоору анык….

Уран Рыскулов, укук коргоочу: «Бир жылда прьемер -министирдин жаман жакшы иштегенин талдаган туура эмес»

-Бир жылда прьемер -министирдин жаман жакшы иштегенин талдаган туура эмес. Конституциялык мыйзамдарда так айтсак премьер-министирдин шайлоо жөнүндө мыйзамда ташка тамга баскандай премьер-министир беш жылга шайланат деп жазылган. Премьер-министрлердин жыл сайын алмашылышы бизде мамилекеттик башкаруу системасында атайын сырткы күчтөр аркылуу уюштурулган баш аламандык тактап айтсак, диверсия деп түшүнсөк болот.

Төлөгөн Келдибаев: «Сариев элдин эсинде күчөтүлгөн кайтарууда жүргөнү менен калды»

Темир Сариев Өкмөт башчы болуп мурдагы Өкмөт башчылардан ашып кете турган жумуш аткарган жок.  Элдин эсинде калганы күчөтүлгөн кайтарууда жүргөнү эле болбосо  башка чечкиндүү кадамдарга барып аткарган, көзгө көрүнө турган жумушу жокко эсе болду. Бирок, кызматтан кетерине жакын Өзбекстандын Ысык-Көлдөгү эс алуучу жайларын улутташтырды. Өкмөт башчы катары дайындаган  кадырлары да эл ичинде абройлоруу жакшы эмес кадырларга басым жасады. Президентке, Жогорку Кеңештеги СДПК жана Ата-Мекен партияларына көз каранды болуп өз алдынча маанилүү  жумуштарды аткара албай күнүмдүк турмушка керектүү токтом,буйруктарга кол койуп эле бир жылдык  убактысын кетирди.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан кg

Эксперт Саламат Аламанов экс-премьер Темир Сариевдин дагы бир калпын чыгарды

Акыркы кезде өлкөнүн көңүлү Үңкүр-Тоодогу “Кербен” радио-релейлик станциясын башка жерге жылдыруу маселесине кадалып турган кез. Улуттук илимдер академиясынын география бөлүмүнүн башчысы, Кыргызстандын География коомунун президенти Саламат Аламанов Үңкүр-Тоо боюнча оюн ортого салды.

Үңкүр-Тоонун тегерегиндеги талаш жабдууларды көчүрүү ниетинен эмес, тоонун кимге тиешелүү, бизгеби же өзбектергеби, деген маселеден чыкты. Бири экинчисине коошпогон версиялар ачык айтылып кетти. Алардын ичинен эң негизгиси 2006-жылы тоо Өзбекстанга өтүп кетти деген имиш болду окшойт. “АКИпресс” маалымат агенттиги 2016-жылдын 6-апрелинде бул талашка кенен токтолуп, чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдүн 20-протоколунун көчүрмөсүн жарыялады.

Ал маалымат боюнча, сүйлөшүүлөрдү даярдагандар минтип билдиришиптир: “1955-жылы 12-июнда Кыргыз ССРи менен Өзбек ССРинин ортосундагы республикалык чек араны тактоо жана жерди пайдалануу боюнча талаштуу маселелерди кароо боюнча республикалар аралык комиссиянын (1955-ж. 12.06 протоколу) материалдарында участок Өзбекстан Республикасына тиешелүү; чек ара өткөн сызыгы так көрсөтүлгөн эмес”.

Бирок да, бул жерде эки союздук республиканын 1955 – 1956-жылдардагы теңата комиссиясынын иштеринин жыйынтык материалдарын жана ага тиркелген карталарды Кыргыз ССР Министрлер Советинин 1956-жылдын 22-октябрындагы № 497 токтому менен бекитилген карталарды (бул документтерди даярдаган адистер өз ишинин мыктылары, жана да алар картаны чийип жатканда сызыгын “так көрсөтпөй калышы” мүмкүн эмес), маанилүү нерсени “унутуп” кетишиптир. Ал кездеги Министрлер Советинин төрагасы А. Сүйөркулов болчу.

Анан дагы бул материалдардын “Кыргыз ССРинин облустары менен райондорунун ортосундагы чекти жана республиканын чек арасын бекитүү” тууралуу 1961-жылдын 30-мартында (1961-жылдын 1-январына карата абалы боюнча) Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун жарлыгын “унутуп” калышканын айтпайсызбы.

Айтса, бул документтерди даярдаган адамдар өкмөт менен парламент жетекчилеринин кол коюшуна такталбаган документтерди киргизишмек эмес. Анан да Кыргызстандын белгилүү адамдарын өз республикасынын кызыкчылыгын коргобойт деп күнөөлөшкө негиз барбы?

“АКИпресс” 2016-жылдын 30-мартында жарыялаган СССРдин геодезия жана картография башкы башкармалыгынын картасынын фрагментинде чек ара кандай чийилгенин жарыя кылды. Анда тоо коңшулардын жеринде турат.

Үңкүр-Тоо картасынын фрагменти. АКИпресс.

Үңкүр-Тоо картасынын фрагменти. 

​Үңкүр-Тоого ыктаган бул участок боюнча 20-протоколдо жогоруда айтылган фактылар гана ырасталган, аны өзгөртүү боюнча эч кандай негиздер болгон эмес.

Ушул жерден бир суроо чыгат, бул документтер өлкө жетекчилерине билдирилгенби? Эгер билдирилбесе, эмне үчүн? Эгер билдирилсе, жок жерден табылган калпты коргоо үчүн айтылган сөздөрдүн төркүнүн түшүнүү кыйын.

Эми 2006-жылдын 23-сентябрындагы №20-протокол тууралуу:

– протокол өкмөттүк делегациянын ишинин жыйынтыгы, ал иште Өзбекстан менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан азыркы жетекчилер да бар. Алардын толук тизмесин ушул жылдын 6-апрелинде жарыяланган материалда чыгарып коюшса болмок экен. Делегация катарындагы адистердин баары өз ишин мыкты билген адистер, алардын профессионалдык даярдыгына, калыстыгына, тазалыгына шек кылууга негиз жок.

– мына ушул сүйлөшүүлөр тушунда өзбек тарап биздин каршылыгыбызга карабай мурда макулдашылган Сох районундагы анклавдын 17,99 чакырымын алып салышты, анын себебин өзбек делегациясы Сохко коридор ачып берүү тууралуу сунушунун четке кагылышы менен түшүндүрүшкөн. Буга жооп кылып биз да макулдашылган 31,6 чакырымды алып салдык, эксперттер аны коңшулар үчүн маанилүү экенин айтышкан.

Ошентип, чек ара делегациясы деңгээлинде макулдашылып калган каалаган участокту кайсы бир негизге таяп алып салуу жосунуна жол ачылды, анын ичине Үңкүр-Тоо да кирет. Бул өзү сүйлөшүү процессиндеги көнүмүш иш. Анын үстүнө Кыргызстан өкмөтүнүн өкүлүнүн айтуусунда, өзбек тарап мурда макулдашылган чек ара сызыгынын 300 чакырымын алып салышыптыр.

Акырында айтчу нерсе, чек ара маселеси мамлекетте кандай кызматты ээлегенине карабай, кайсы бир адамдын каалоо-тилегине жараша эч качан чечилбейт. Мамлекеттер аралык жана мамлекеттин ички эрежелери менен жөрөлгөлөрү бар. Мамлекеттик ички жөрөлгөлөргө ылайык биринчи денгээлдеги эксперттик сүйлөшүүлөр өкмөттүк делегациялар ортосунда жүрөт, ага ар кыл багыттагы адистер киришет, маселенин тарых-таржымалын укуктук күчкө ээ документтердин негизинде изилдеп чыгып, чек ара тилкесин макулдашат, макулдашылган участокторду сыпаттап, аларды картага түшүрөт. Биздин өлкөдө алардын ишинин жыйынтыгы өкмөттүк комиссиянын кароосуна жиберилет, ал жерде тийиштүү министрлик менен ведомстуктардын жететкчилери отурушат. Эгер алар сунуш кылынган материалдарды жактырышса, маселе өкмөттүк жыйында каралып, иштин жыйынтыктары кабыл алынат же четке кагылат. Макулдашуулар жактырылса материалдар парламентке жөнөтүлөт, ал жерде тийиштүү комитеттерде талкууланып, ага ылайык комитет бүтүмү чыгарылат. Ал боюнча парламент мыйзам долбоорун кабыл алат же иштин жыйынтыгына макул болбой четке кагат. Президент келишимдер документин ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол коёт же кайтарып бериши мүмкүн. Мына ушулардан кийин гана, ратификациялоо документтерин алмашуудан соң гана мамлекеттик чек ара боюнча эки өлкө ортосундагы чек ара боюнча макулдашуулар мыйзамдуу күчүнө кирет.

Ошентип, чек ара сызыгын укуктук жагынан толук аягына чыгарыш үчүн бирин экинчиси улаган алты деңгээлде иш жүрөт, алардын ар биринде документти артка кайтарып кайрадан иштеп чыгуу үчүн берүүгө толук мүмкүнчүлүк бар.

Эске сала кетчү жагдай, чек ара боюнча сүйлөшүүлөр мамлекеттер ортолук мамиледеги абдан кылдаттыкты, сезимталдыкты талап кылган маселелерге кирет. Сүйлөшүүлөр кылымдап ирегелеш жашаган кошуналар ортосунда жүрөт. Ошондуктан бекем позиция дипломатиялык ыкмалар аркылуу гана жүрүшү абзел. Мындан тышкары өлкө жетекчилигине туура эмес маалымат берүү аны чек ара маселелерин өз деңгээлинде талкуулоо маалында оңтойсуз абалга калтырышы мүмкүн.

Анан дагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда мамлекеттик чек ара тууралуу келишимдин өзү жок. Эгер андай келишим болсо болгон жөрөлгөлөрдүн баарын сактоо менен Жогорку Кеңешке ратификациялоого алып киришмек. Эки президенттин биргелешкен билдирүүлөрүнө келсек, ал деле “түбөлүк достук тууралуу келишимдердин” кейпин кийип калганын, андагыларды эч кимдин аткарууга ниети жоктугун мезгил өзү ырастады.

Бул макала кандайдыр бир жеке таарынычтан улам жазылган жок. Мен мындан да ачуу сөздөрдү көп уккам, ар кыл карөзгөйлүктөргө карабай мезгил көчү акырын жылып кете берет экен. Бир гана нерсе, кайсы күнөөсү үчүн элди ушу кезге чейин алдап келатышканын түшүнсөм буюрбасын. Карандай калпты айрым “инсандар” өздөрүнүн иш билбестигин, дөдөйлүгүн жабыш үчүн эле чыгарышат.

Саламат Аламанов, Улуттук илимдер академиясынын география бөлүмүнүн башчысы, Кыргызстандын География коомунун президенти

Булак: “Азаттык”

Тулпар тушунда, күлүк күчүндө

Кыргызстандын 25 жылдык саясий тарыхында Жогорку Кеңешти бир топ жетекчилер башкарышты. Төрөбай Кулатов, Султан Ибраимов, Апсамат Масалиев, Усуп Мукамбаев, Медеткан Шеримкулов, Абдыганы Эркебаев, Өмүрбек Текебаев, Марат Султанов, Ахматбек Келдибеков, айтор айтып отурса тизме аягы көрүнбөйт. Ооба, карап отурсан саясаттын карт бөрүлөрү… Бардык жактан алганда. Жаш курактары бери дегенде 50, ары дегенде 60.  Ушу тапта спикерлик так талаш оюну кызуу жүрүп жаткан кез. Спикерлик орунга татыктуу жана мүмкүнчүлүгү чоң делген талапкер  –  «Кыргызстан» фракциясынан лидери Канатбек Исаев болгону 41 гана жашта экен… Анын өмүр жолун карап жатып, саясатка өтө эле жаш, батыл аралашканы да байкалат. Демек, туз насмп буйруп койсо, бул ирет илгертен келаткан Жогорку Кеңештин Төрагасынын жаш курак боюнча салтуу жөрөлгөсү бузулмак болууда… Албетте, жакшы жагына…

Көк жал саясатчы

Албетте, Юлий Цезардан берки келаткан дүйнөлүк саясий оюндар канчалаган адамдарды мүдүрүлтүп, канчасын канжыгага байлабады дейсиз. Канчасын темирдей курчутуп, жиптей ийрибеди дейсиң. Канатбек саясатка жаш аралашканы менен, акыркы 4-5 жылда тажрыйбалуу, толук кандуу бышып жетилген саясатчы катары келатканын моюнга алышыбыз керек. Мурунку чакырылыштагы депутат кезинде текейден арзан сатылып кеткен (100 миң сом) «Ак-Кула» ат майданын мамлекетке кайтарып берүүнү так ушул Исаев көтөрүп чыкканы эсибизде. Улуттук маанидеги ат майданын кайтарып алууга болгон күчүн жумшап, Коррупцияга каршы кызматка, Башкы прокуратурага кайрылып атып, мамлекетке кайтарып алды. Караколдогу ат майданы да менчиктештирлип кеткен экен, аны да тызылдап жүрүп элдин менчигине кайрып берди. Өткөн чакырылышта 11 мыйзам долбоорун иштеп чыккан депутат. Азыр да 6 мыйзам долбоорунун үстүндө иштөөдө. Исаевди жакындан билгендер өжөр, беттегенин бербеген мүнөзү бар экенин айтып жүрүшөт. Ал эми жакындагы өкмөттүн тендер боюнча коррупциялык иштеринде көк жал саясатчы экенин таасын далилдеп койду. Ошол эле тендер ыр-чырында карт бөрүлөр бугуп, тымызын көшөгө артынан күрөшүп жатканда, Канат ачык чыгып, күрөшүп гана тим болбой, натыйжасына жете билерин далилдебедиби. Бул  ары алганда эрдик, бери алганда мекенчилдик эмей эмне?

Исаев ат жалында ойногон мыкты көк бөрүчү экени көптөр билет. Кыргыздын ар бир намыстуу эр жигитинин канында көк жалдын каны кайнайт эмеспи. Анын сыңары, Исаев акыркы кыргыз саясатында жаш десе жаш, чапчаң десе чапчаң, беттегенин бербеген өжөр, көк жал саясатчылардын доору келатканын баарыбызга бир эскертип өткөндөй болду өңдөнөт…

Спикерлик орунга Исаевдин мүмкүнчүлүгү чоңбу?

Кубан Таабалдиев, саясат таанучу «Канатбек Исаевдин спикерликке мүмкүнчүлүгү чоң»

– Эгер Парламенттин чечими менен азыркы спикердин агасы Сооронбай Жээнбеков Премьер-министрликке барса, анда иниси Асылбек Жээнбеков спикерликтен кетип, анын ордуна башка талапкерди алып келүү зарылчылыгы пайда болоорун көптөгөн саясатчылар айтып келишти эле. Мына ушул жүрүштөрдөн улам спикер Асилбек Жээнбеков өз ыйгарым укуктарын токтотту.

Менин жеке баамымда Бакыт Төрөбаевге караганда Канатбек Исаевдин мүмкүнчүлүгү көбүрөөк. Анткени, анын акыркы саясий окуялардагы салмагы, тажрыйбасы жана аймактык орду чоң роль ойнойт» деп билдирет саясат таанучу.

Аскар Жумагулов, коомдук ишмер, экономика илиминин кандидаты: “Исаевди жөнөкөй, элге жакын жетекчи катары билем”

Мен Чүй областтык администрациясында 20 жылдан ашык убакыт эмгектендим. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн кеңешчиси, коллегиянын мүчөсү жана Чүй өрөөнүнүн аксакалы катары “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаев менен бир нече убакыт тыгыз иштешүүгө туура келди.

Бул жигитти жөнөкөй, элге жакын ишмер катары таанып-билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.  Чүй боорунда 80 ашык улут жашайт. Түндүк-түштүк, орус-кыргыз, казак деп бөлүнбөй жашаган элбиз. Канатбек иним ар түрдүү улутту камтыган калың эл менен өз убагында тыгыз иш алып барып, көйгөйлөрдү орду менен, өз убагында чечип, элдин сый урматына татыктуу болуп иштеди.

Канатбек Исаевдин Жогорку Кеңештин Төрагалыгына көрсөтүлүп жатканын толугу менен колдойм. Жаш, энергиялуу, саясий да, башкаруучулук да тажрыйбасы мол.  Чүй өрөөнүндөгү карапайым эл арасында Канатбек сый урматка ээ.

Марс Сариев, саясат тануучу- Спикерлик орунга каралып жаткан эки талапкер тең – «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаев жана «Өнүгүү» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев экөө тең татыктуу жигиттерден. Жаш десе жаш, энергиялуу, башкысы – кыска аралыкта саясий тажрыйба топтой алышкан артыкчылыктары бар. Бирок, спикерлик так талаштын тараза ташы Канатбек Исаевге оойт окшоп калды.

Мунун жөндүү себептери бар. Жакында эле болуп өткөн урунтуу саясий учурду эстеп көрөлү. Экс премьер-министр Темир Сариевдин көйгөйү эмнеден башталды? Албетте Үңкүр-Тоодон. Ал жердеги саясаттан алыс карапайым калк чолпондой жерибизден айрылабызбы деп, эл аралык деңгээлдеги олуттуу көйгөй көтөрүлдү. «Кырды бычак» мындай кырдаал башкаруучу күчкө ээ болуп турган КСДП партиясынын позициясын бир топ алсыратып койду. Ушу тапта Сооронбай Жээнбековдун премьр-министрликке көрсөтүлүшү – Түштүк тараптагы жогорудагыдай кырдаалды аздыр-көптүр жөнгө салат. Эгер премьер-министрдин арты менен Түштүктүн дагы бир кулуну – Бакыт Төрөбаевди спикерликке шайлашса, кечээги Түштүктөгү кырдаал бүгүн Түндүктө кайталанышы мүмкүн. Анан калса Сариев да түндүктөн экенин, анын тарапкерлери да азыркы бийликке нааразы абалда турушаарын эстен чыгарбашыбыз керек. Бул биринчи жагдай.

Экинчи жагдай: Бакыт Төрөбаевге караганда Канатбек Исаевдин башкаруучулук тажрыйбасы мол экенин айткым келет. Ал Токмок шарынын мэри, Чүй областынын губернатору болгону белгилүү. Албетте, Бакыт Төрөбаевдин айыл чарба жаатында бир топ алгылыктуу долбоорлору бар. Бирок, саясатчы катары да, башкаруучулук жөндөмү бар жетекчи катары да Исаевден ашып түшө албайт. Анан калса акыркы саясий кырдаал Канатбек Исаевди бир топ чыңалтып, салмагын көтөрүп койду. Ал эчтекеден тайманбаган күрөшчүл экенин далилдей алды. А спикер деген саясатта бышкан, тажрыйбалуу, күрөшчүл инсан болушу керек.

Булак: “АЗИЯnews

 

 

Равшан Жээнбеков, оппозиционер: “Бийликке Сариевдин президенттик жарыш алдында Кремлге жакындап кеткени жакпай калды...”

Тендер маселесинде Темир Сариев өз кызыкчылыгын көздөгөнбү?

-Бардык министрлер кандайдыр бир маанилүү тендер боло турган болсо, жыйынтык жарыяланарда, президент менен да, өкмөт башчы менен да кеңешет. Бул жазылбаган мыйзам. Тендер кандай өтүп атканын, президент да, премьер-министр да, же болбосо жалпы бийлик баарын билип турат. Учурда өкмөт ишинде конфликт болуп атканынын бирден бир себеби бүгүнкү күндө оор социалдык-экономикалык абал жана өкмөт башчыга көп жоопкерчиликти илип, андан кутулуу аракети бар. Албетте, бул жерде премьер- министрдин да күнөөсү жок эмес, шалаакылык кылган. Бирок, негизги нерсе тендерде эмес, негизги нерсе мамлекетте чогулуп келаткан оор социалдык-экономикалык, саясий абалда турат.

Премьер-министрдин кетүүсүнө анын ордун талашкан тараптардын кызыкчылыгы себепкер болду десек болобу, мисалы Канат Исаевдин…

-Жок, бугүнкү күндө бул маселени көтөрүп чыгып аткандар чечүүчү добушу жок саясатчылар жана депутаттар. Алардын артында турган саясий күч, же болбосо бийлик кандай буйрук берсе, алар так ошону гана аткарышат. Ө алдынча Жогорку Кеңештеги оппозициялык депутаттар болобу, бириси дагы Сариевге тийишкенге, тендер маселесин көтөрүп чыгууга кудурети жетпейт. Ошондуктан, бул маселенин көтөрүлүп атканынын артында чоң саясий күч турат деп билишибиз керек.

-Темир Сариевди премьер- министрликтен кетирүү алдыдагы президенттик шайлоого тийиштиги барбы?

-Андай болушу да мүмкүн. Темир Сариев өкмөттүн башчысы катарында Кремлге көп кат- тады, ал жакта жашыруун-ачык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү  “мени да колдогула” дегендей сигнал бериши мүмкүн. Бул бийликке жакпады. Ошондуктан, аны тендер боюнча кайырмакка илип коюу бийликтин кызыкчылыгына толугу менен жооп берет. Ошондой эле, Сариевге карата жасалган мамиле башка талапкерлерге да алдын ала берилген белги: “силер да биздин уруксатыбыз жок өз алдынча кадам таштасаңар, силерди да Сариевдин күнү кутуп турат” деген.

Эмки өкмөт мурдагыга караганда жакшы иштейт дегенге ишенесизби?

-Эч кандай өз алдынча болчуөкмөт келбейт, эч кандай өз алдында премьер-министр келбейт. Дагы эле КСДПнын кызыкчылыгына жооп берген, айтканынан чыкпаган саясатчы адамдар келиши мүмкүн. Биз бир нерсени айтып коюшубуз керек, беш жылдан бери КСДП, президент Атамбаев бардык бийликти өздөрү чечип, беш жылда беш премьер келди, аларды КСДП менен президент койду. Биз бүгүн, премьердин эмес, алардын жоопкерчилигин карашыбыз керек. Таптак ушул эле өкмөт кайра келет. Өкмөттүн негизги көрсөткүчтөрү болуп толугу менен бийликтин көзүн караган, бийликке толугу менен баш ийген күн карама саясатчылар министрликтерге жана премьер-министрликке келишет.

-Өлкөнү алдыда кандай абал кутуп турат?

Бизде азыр социалдык- экономикалык абал оор. Күзүндө, келерди жылдын жазында дагы оорлойт. Ал оорлогон сайын саясатта дагы абал оорлойт. Жаңы премьер- министр, жаны адамдарды алып келип элдин үмүтүн жандыруу бий­ликтин кызыкчылыгы болуп турат. Кырдаалды убактылуу ушул жол менен контролдоп турушат. Бирок, бул маселени чечпейт. Күздөгү, кийинки жаздагы экономикалык абал кыйынчылыкка кептелип, сая­сатта да, бийликте да кайрадан кри­зис жаралат.

Кече оппозициясынын баш көтөрүшү парламенттеги оппозициянын алсыздыгы эмеспи?

-Биз так айтышыбыз керек, чыныгы, реалдуу оппозиция парламентте жок. Эмнеге дегенде пар­ламенттеги оппозицияны бийлик дайындады. Бул дайындалган.

жасалган оппозиция болуп эсептелинет. Дайындалган күндө да биз оппозициябыз деп чындыкты айта тургандар ал жакта .отурган жок. Анда, байлык менен келген ишкерлер отурушат. Анан алардын бийликке жакпаган маселени ай­тып чыгууга дараметтери жетпейт. Эшикте күчтүү, саясатта 15-20 жылдык тажрыйбасы бар, мисалы Бек­назаров. Исаков, Мамырова ж.б. окшогон көрүнүктүү саясатчылар калды дагы, бүгүнкү күндө күчтүү  оппозиция бизге жагабы-жакпайбы, каалайбызбы-каалабайбызбы, парламент сыртында пайда болуу мүмкүнчүлүгү жогорулап баратат.

Оппозициянын айрым ммүчөлөрүнүн камалышы мыйзам чегинде болдубу?

-Биз баарыбыз мыйзам бузбаганга аракет кылышыбыз керек. Саясатчылар мыйзамдын алкагында иштегенге үйрөнүшүбүз керек. Ошол саясатчылардын арасында мен да бармын, бирок мен ишенимдүү  айта алам, бирөөсү дагы бийликти басып алууга кандайдыр бир аракеттерди жасап, адамдарды топтоп, курал-жарак камдап, каражат чогултуп, бир топ айларга созулган системалуу иш алып барган эмес. Сөз жүзүндө сүйлөшсө,  сүйлөшкөндүр, бирок, ал оппозиционерлерди камакка алууну шарттаган кылмыш эмес, жөн гана сөз. Ошондуктан, азыркы күндө күнөөлөнүп аткан саясатчыларды камоо мыйзамсыздык.Тарыхка карасак ар бир үч-төрт жылда УКМК бийликти басып алууга аракет жасады деген айып менен кээ бир саясатчыларды кармап келген. Акаевдин убагында 10 чакты депутат, Бакиевдин учурунда Текебаев, Абдырахманов, 2010-жылы Исхак Масалиев, У.Сыдыков ушундай жүйөө менен кармалышкан! Бирок, алардын эч бири соттолгон жок, баары акталып чыгышкан.

 

Г.ТУРУСБЕКОВА

Булак: “Майдан.кж”

Тажик режиссерун Орусияга киргизишкен жок

Белгилүү тажик режиссеру Барзу Абдураззоков паспортуна Украина, Түркия жана Грузия мамлекеттеринин мөөрү басылгандына байланыштуу Орусияга кире албады.

Чек арачылар аны аэропортто бир саат кармап турган соң, Тажикстанга депортация кылышкан. Абдураззоков Санкт-Петербург шаарында 5-апрелде башталган “Орусиядагы жолугушуу” театр-фестивалына катышуу үчүн барган болчу.

Барзу Абдураззаков кыргызстандык артисттер менен Бишкектен Москвага жөнөгөн. Андан ары Санкт-Петербургга учушу керек эле. Алар Орусиянын экинчи баш калаасында КМШ жана Балтика мамлекеттеринен келген театр өнөрпоздорунун “Орусиядагы жолугушуу” фестивалына катышмак. Иш-чарага “Маңкурт жөнүндө баян” спектаклин даярдап баратышкан.

Режиссерду “Домодедово” аэропортунда чек арачылар текшерип, бир сааттай кармап турган соң, “Москва-Куляб” каттамы менен ошол эле күнү Тажикстанга учуруп жиберишкен.

“Фестиваль ачылган күнү мен Дүйшөмбүдө болдум. Биздин команда мен жок эле катыша баштады”-деди Абдураззаков.

57 жаштагы Барзу Абдураззоков Тажикстанда эмгек сиңирген артист. Ал өлкөсүндө гана эмес, чет элде да таанылган. 2013-жылдан бери Бишкектеги Чыңгыз Айтматовдун атын алып жүргөн орус драма театрында да эмгектенүүдө. Эки ирет “Кыргызстандагы мыкты режиссер” наамын да алган.

Кайрылуу: Кыргызстандын Унгар -Тоосу Өзбекстанга өтүп кеткен...

Кыргыз Республикасынын президенти Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке, Кыргыз Республикасынын премьер-министри Жээнбеков Сооронбай Шариповичке

К А Й Р Ы Л У У

Урматтуу  Алмазбек Шаршенович!

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Менин сиздерге кайрылуу жазып жаткандыгымдын себеби төмөндөгүчө, Кербен шаарынын аймагында жайгашкан Унгар-Тоосунун үстүндөгү Кербен РРС-24 радиорелейлик станциясы боюнча болмокчу:

Өкмөттөн атайын комиссия жана биздин райондун акими М.Айдаралиев  келип,  жабык эшик артында кезексиз Кербен шаардык кеӊешинин сессиясын өткөрүп, жаӊы Радиорелейный станция  курууга Кербен шаарынын чыгыш тарабындагы Ителги Тоосунун тумшугуна тактап айтканда,  Унгар-Тоосунан да өтө пас турган дөӊсөөгө станция курууга чечим чыгартып кетишиптир!

Аксы районунун акими М.Айдаралиев КТР аркылуу  Бозбу-Тоосуна жакында  жаӊы станциянын курулушун баштайбыз деп билдирүү берди эле! Бир эки сааттан кийин эле КТР аркылуу, Кыргыз Өкмөтүнүн атайын өкүлү Искендеров жалпы Кыргыз журтчулугуна; «Унгар-Тоосундагы  Кербен РРС-24 радиорелейный станциясы эч жака көчүрүлбөйт, ошол жерге кошумча Санарипттик  сооружение  курабыз, бул жер Кыргыздын жери деп айтпады беле?  Эмнеге биздин бийликтегилер бирөөсү жаӊы жерге курабыз десе экинчиси эски ордуна кошумча курулма курабыз дейт?  Биздин бийликтегилер эмнеге элдин башын айландырат?

Эгерде биздин Өкмөт, Ителги Тоосуна Станция кура турган болсо, ал эч кандай стратегиялык мааниге ээ болбойт!  Себеби, Унгар-Тоосунан  түз караганда 2-3 км.  аралыкты түзүп, өтө эле пас турат!  Өзүӊүздөр ойлоп көрүӊүздөр  урматтуу журт башчылары!   Эски станция дегенибиз жогоруда калып, жаӊы курула турган станциябыз этекте калып турса  ал стартегиялык мааниге ээ болобу? Мисалы: Ата Мекендик согушта биздин ата бабалар, ар бир бийиктик үчүн күрөшүп, жеӊишке жетишкен элего!!

Анан дагы таӊ кала турган маселе 50 000 000 (элүү миллион ) сом акча каражатын жумшап, Өкмөт жаӊы станция куруп алса жаӊысын пайдаланыбызбы же эскисинби? Жаӊы станция курулуп, бүткөрүлөрүп ишке берилери менен кошуналар куттуктап, ийгилик каалап  келет!!! Эми кошуналар жаӊыга станцияга көчүп алгыла жардамдашалы деп, айтса эмне дейбиз?

Дагы кошумчалай турган нерсе,  КТР жана ЭлТР  каналдары аркылуу Унгар-Тоосунун 2006-жылдын 23-сентябрында  Өзбектсанга өтүп кетти деген бир тараптуу берүүсүн түшүнбөй турабыз?                                                                                                     Биринчиден:  Унгар-Тоонун 2006-жылдын 23-сентябрында Ташкентте  кабыл алынган эки тараптуу келишимди Жогорку Кеӊеш ратификация кылыш керек эле да ал чечим жок!

Экинчиден:  Келишимде  так  жазылып турат; «Описание линии государственной границы между пограничными точками №113 и 114 не проводилось» деп.  Демек,  2,1 км. аралык биздин, Унгар-Тоосу биздин жер болуп эсептелет!!! Жакшылап тактап анан теле берүү берсе  жакшы болот эле!  Элдин арасында дүрбөлөӊ салуунун кереги жок да!!!

Урматтуу Алмазбек Шаршенович, Сооронбай Шарипович!  Сиздерден бирден бир сураныч келечекти ойлонуп, кошуналардын бизге жасап жаткан өнөрлөрүн ойлонуп көрсөӊөр! Эгер ушул жолу дагы, адилеттүү чечим кабыл албасаӊар  анда сиздерге  эл арасында туура эмес ой пикир жаралып, тарых алдында жооп берип каласыӊар!

Биздин талаптар:

  1. Жаӊы Радиорелейный станциясына курууну токтотуу жана Кербен РРС-24 станциясын ордунда калтыруу;
  2. Бюджеттен жаӊы курулуучу станциясага сарпталуучу акча каражатын бөлдүрбөө ошондой эле пландан чыгарып салуу:
  3. Ушунчалык зарыл болсо Унар-Тоосундагы Кербен РРС-24 радиорелейный станциясын реконструкциялоо боюнча иштерин жүргүзүп, кошумча сооружение курулсун:
  4. КТР жана ЭлТР каналдары аркылуу берилип жаткан бир жактама программага бөгөт койюп, такталган материалдар берилсин;

Эгерде биз койгон талаптар  аткарылбаса элдин арасында нааразылык күчөп, райондо стабилдүүлүк болбой калышы мүмкүн экендигин эскертебиз!

Жогорудагы Чек ара маселесин чечүү боюнча биздин сунуш:

Урматтуу Журт башчылары! Биз өзүбүздө болгон ресурсту пайдаланышыбыз керек!   Бул көйгөйлөрдү чечүү боюнча Өкмөткө  төмөнкүдөй сунуштарды беребиз;  Аксы районунун Кашка-Суу айыл Өкмөтүндөгү Падыша-Ата күмбөзүнүн артындагы Капчыгайды тосуп,  Падыша-Ата суусуна Микро ГЭС куруу керек!! 100  миллиондогон  куп, суу сактагыч пайда болот!  Ошондой эле Ак-Терек каналынын курулушун тездетип, сууну Кербенге өткөрүп, Ринжит-Канылынын этегиндеге Кызыл-Алма сайына  Суу сактагыч курса 10 миллион куп суу батат эле. Суугат эмес мезгилде биз сууду ошол жака сактасак болот! Райондун элине жана экономикасына  өтө чоӊ пайда алып келет! Ошондон кийин Чек ара  маселеси өзүнөн өзү чечилет!

Сиздерди тереӊ урматтоо менен

Аксы районунун жергиликтүү өзүн өзү

башкаруу ассоциациясынын төрагасы:                               Озокеев Эргешалы Рыскулович.

Катчысы:                                Камчыбек уулу Шекербек

Тажикстанга жөө барган фанат Эсеннур

Өткөн жумада социалдык желелерде Кыргызстандагы саясаттан тышкары эки окуя  көпчүлүктүн көңүл чордонунда болду окшойт. Биринчиси, Кыргызстан -Тажикстан беттешинде биздин футболчулар жеңишке ээ болушту. Экинчиси, дал ушул беттешке биздин бир мекендешибиз футбол боюнча курама командабызды колдоо максатында, борбор калаабыздан баштап Дүйшөмбү шаарына чейин жалгыз жол тосуп барганы бардык социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. Албетте, Эсеннурдун кылган иши эрдик катары бааланууда. Чыныгы патриот жана фанат экендигин дал ушул саякаты менен тастыктады окшойт. Бүгүнкү маегибизде Кыргызстандын Red Falcons жана Dordoi Ultras фанаттар кыймылынын негиздөөчүсү Эсеннур АЛМАЗБЕКОВдун саякаты тууралуу сүйлөштүк.


-Эсеннур, сенин Дүйшөмбү шаарына болгон саякатыңа эмне себеп болду?

Биз мурда фанаттар атайын даярданып, пландаштырып жүргөнбүз. Дүйшөмбүгө барып Кыргызстан Улуттук курама командабызды колдойлу деген пландарыбыз бар эле. Бирок ар кандай себептерден улам биздин фанаттардын көпчүлүгү бара албай калышты. Менин деле акчам жок болчу. Бирок эмне болсо дагы жалгыз барууну чечтим. Андан сырткары мен Кыргызстанды кыдыргым келчү, ошондуктан Дүйшөмбүгө чейин жол тосуп барууну туура көрдүм.

Алгачкы кадам…

— 25-мартта эртең менен саат ондордо үйдөн чыгып Ош базарын көздөй бет алдым. Ал жактан таксист байкелер менен сүйлөшүп маршрутумду тактап сурап, Сокулукка чейин маршруттук такси менен бардым. Сокулуктан жол тосуп Токтогулга чейин бир байкенин унаасы менен жөнөп кеттим. Биринчи жолу Жалал- Абадка бардым, Төө-Ашууну көрдүм, Чычкан абдан кооз жер экен. Өлкөбүздүн кооз жерлерине суктандым. Таксиге отургандан кийин апама мен Дүйшөмбүгө кеттим деген СМС жөнөткөм. Анткени мен үйдөгүлөргө айтпай кетип калгам. Антпесем, ата-энем  мени ал жакка эч качан жалгыз жибербейт болчу. Бул чечим мага абдан оор болсо да, ушундай кадамга барганга аргасыз болдум.Токтогулга жеткенден кийин жолдон бир литр суу жана булочка алдым. Курсагым ачканынан булочкаларды жейин десем көгөрүп кеткенин сатып алыптырмын. Айла жок бирди  араң жедим. Бир аз акчам деле бар болчу, бирок акчам жетпей калбасын деп үнөмдөп жаттым. Түштөнгөндөн кийин унаа тосо баштадым, машиналар токтоп жатышты, бирок көбүнчөсү Ошко барбай тургандыгын айтышты. Бир аздан кийин бир байкени токтоттум, аларга саякатымдын максатын түшүндүрсөм абдан таң калышты. Мага жакшы колдоо көрсөтүштү, жолдон кетип бара жатып мага ышкын алып беришти. Токтогул суу сактагычына жетпей түшүп калдым, ал жерде кайра машина тосуп 20 мүнөттөй турдум. Жолдо унаа тосуп жатсам, дааватчылар мага  токтоп, мени тоолордун арасына чейин жеткизип коюшту. Чындыгында ал жерде калуу абдан коркунучтуу болду, анткени мен кечке чейин Ошко жете алган жокмун деп кабатырланып жаттым. Андан сырткары кечинде тоолордун арсында жалгыз калып калдым. 40 мүнөттөй турдум окшойт,  абдан үшүп да чыктым.  Жол тосуп турсам бир кезде Тико унаасы токтоду, ал байке менен 60 километрдей  жол жүрдүм окшойт. Өзбекстандын чек арасына жетпей мени түшүрүп, каякка барыш  керек экендигин түшүндүрүп берди. Ал жерде көпкө турдум, күтсөм бир  дагы машина өтпөй жатты. Үшүгөнүмдөн айла жок сумкамдан Кыргызстандын желегин алып чыгып Эсеннур АЛМАЗБЕКОВ3оронуп алгам. Ошол учурда  бир машина токтоду. Менин багыма алар Ошко чейин бара жатышыптыр, сүйүнүчүм ичиме батпай жыргадым. Анткени мен бир күндүн ичинде 650 км басып өттүм.Түнкү саат 12лерде Ошко жеттик, ал жакта куруучулардын үйүндө түнөдүм. Эртең мененки саат 8де туруп тамактандым. Ошто бир кыз менен жигит мага  телефон чалып, жолугуп,  500 сом беришти. Мен ошол кыз менен жигитке абдан ыраазымын. Андан соң сураштырып жатып Кырамык деген айыл жөнүндө билдим. Көрсө ал айылдан Тажикстанга батыраак жетсе болот экен. Ошол айылга барууну туура көрдүм дагы автобус менен Кырамык айылына бардым. Ал жактан шоопур байке чек ара болгон жерди көрсөтүп берди, мага көрсөткөн жол боюнча баса бердим. Абдан суук болчу, эч нерсе көрүнбөйт, май куючу жайдан чек араны сурасам “түз баса бер” деп коюшту. Бир коктудан өткөндөн кийин мени дароо эле бажы кызматкерлери токтотушту. Алар каякка, эмнеге баратасың деп сурай башташты. Мен аларга баардыгын айтып бердим. Бажы кызматкерлери да абдан таң калышып, жардам сунушташты. ”Бул жакка түнөп алып, эртең сени КамАЗ айдагандар менен салып жиберебиз” дешти. Ал түндү мен ошол жакта өткөздүм. Эртеси таңкы саат алтыда мени КамАЗ айдаган  айдоочуга кошуп, салып жиберишти. Ал байке менен Дүйшөмбүнү көздөй бет алдым. Мен үчүн саякатымдын бул бөлүгү абдан чоң сыноо болду, себеби биз 22 саат бою жолдо жүрдүк. Абдан оор болду. Орто жолдон бир кафеге кирип тамактанганбыз, ошол жерде телефонумду унутуп калыптырмын. Айла жок кете бердим, ал телефондо баардык номурлар бар эле. Мен Дүйшөмбүгө барганда дал ошол номурлар аркылуу түнөгөнгө үй тапмакмын. Эмне кылам деген терең ой менен уктап калыптырмын. Ойгонсом Дүйшөмбүгө келип калыптырмын, айдоочу байке менен коштошкон соң, стадионду сураштырып, эптеп таап, ал жакта билет саткандардан биздин оюнчулар стадиондо машыгуу кылат деген маалымат алдым. Эмне кылаарымды билбей Тажикстандын Футбол Федерациясына бардым. Ал жактан биздин команда каякта жайгашканы жөнүндө маалымат алдым. Көрсө стадиондун маңдайында жайгашкан мейманканада экен. Ал жакка барып күтүп турсам,  биздин футболчулар дагы чыгып калышты. Алар мени көрүп абдан таң калышты. Мага А.Байматов, В.Кичин жана М.Мурзаев келип учурашып, дароо эле Мирлан байке өзүнүн бөлмөсүнүн ачкычын сунду. Мен абдан сүйүндүм. Биздин Футбол Федерациясынын президентинин орун басары А.Кадыралиев мага Кыргызстанга чейин билет алып берди, кетээрде мен футболчулар менен чогуу кетмей болдум жана алар менен чогуу жашадым. Ушинтип чөнтөгүмдө ашыкча акчам  жок болсо да Тажикстанга жетип, азап чегип жатып жолумду дагы ийгиликтүү аяктап алдым.

Дүйшөмбү шаары жөнүндө кандай пикирде  калдың?

-Дүйшөмбү шаары абдан таза, чынын айтсам тургундары бизге караганда маданияттуу келишет экен. Алардын сылык мамилеси мага абдан жакшы таасир этти. Кимге жолукпайын, кимден сурабайын баардыгы мени менен сылык болуп жардамын аяшкан жок. Архитектура жагынан дагы мыкты кооз шаар экен.Бирок шаурмасы начар экен, биздики даамдураак.(күлүп)

— Ал эми Тажикстандын күйөрмандары оюнчуларын кандай колдошот экен?

-Колдоо жактан биздикине жетпей го дейм. Анткени оюн убагында стадион толгон жок жана кыргыз күйөрмандары алардан ашып кетти десем болот. Тажиктер  кыргыз күйөрмандарын таң калуу менен карап жатышты. Биз болсо эч кимди карабай өз командабызды алга сүрөп колдоп турдук. Биз менен кошо Эрмек Нурбаев жана  ырчы Омар  жана жергиликтүү кыргыздар болушту. Баарыбыз чогулуп кыргыз күйөрмандарынын секторунда алтымыштай адам болдук. Гол киргенде абдан кубандык, оюндан кийин биздин оюнчулар келип бизге кол чаап “Алга, Кыргыз! Алга, Кыргыз эй! Эй!” деген фанаттардын ырын ырдап беришти. Мага ошол учур абдан жагымдуу болду.

— Биздин футболчулар менен жакыныраак таанышып, жашаган турбайсыңбы. Команда ичиндеги аба ырайы кандай экен?

Эсеннур АЛМАЗБЕКОВ 2Баардыгы ынтымактуу, бир үй-бүлөдөй экен. Алар мага жакшы кам көрүштү, бөлмөмө тамак алып келип берип жатышты. Ар дайым мен жакшы көргөн алманын ширесин жок дегенде 1 литр алып келип берип жатышты. Мен үчүн бул нерсе алардын күйөрмандарды сыйлаганы болду десем жаңылышпайм. Биздин оюнчулар абдан шайыр келишет экен. Мени таң калтырганы Виталий Люкстун таза орусча сүйлөгөнү болду. Ал өзү Кыргызстанда туулуп, бала чагы Кыргызстанда өткөнү менен Германияда өскөн. Мен орусча сүйлөй албайт болуш керек деп ойлочумун. Көрсө, менден дагы жакшы сүйлөйт экен. Негизи эле менин саякатым жашоомдо көп нерсеге көзүмдү ачты десем болот. Мен буга чейин биздин мекенибиз ушунчалык кооз экендигин билбей жүрүптүрмүн жана конокто өз командаң үчүн, өлкөнүн атынан барып кыргыз фанаттарынын өкүлү болуп катышкан мен үчүн чоң сыймык болду. Учурдан пайдаланып мага ошол учурда көмөк көрсөткөн, жардам берген баардык мекендештериме терең ыраазычылык билдирем. Алардын жардамы болбосо мен жолумду аяктай албайт болчумун. Андан сырткары баардык кыргыз элин өлкө, намыс  үчүн, мекенибиздин аброю үчүн футбол болобу, хоккей болобу, баардык спорт түрлөрүндөгү командабызды колдоого чакырмакчымын.

 Эсеннур менен баарлашып жатып, анын патриоттук сезимине жана эрдигине баа бердим. Акчасы жок, мүмкүнчүлүк болбой жатса дагы Кыргызстан үчүн алыскы жолго чыгып, өзүнүн максатына жеткени албетте мени таасирлентти. Мындай адамдардан биз үлгү алсак анда башкаларга дагы биз татыктуу үлгү боло алат элек деген тыянак чыгардым.

 

Адилет ТЕМИРЛАНОВ

Булак: “Жаңы Агым”

Украина Крым жетекчисин камакка алууга санкция берди

Киев шаарынын Печер соту Орусия аннексиялап алган Крымдын жетекчиси Сергей Аксеновду “Артек” балдар лагеринин мүлкүн Орусияга “ыроологону” үчүн камакка алууга санкция берди. Бул туурасында Украинанын Башкы прокуратурасынын сайтында маалымдалат.

“Артек” эл аралык балдар борборунун мүлкүнө да арест салынгандыгы айтылууда. Украинанын эсеби боюнча Орусияга лагерди берүү менен 242 миллион гривен суммасында зыян келтирилген.

Крымды 2014-жылы аннексиялап алгандан кийин орусия өкмөтүнүн буйругу менен анын аймагында жайгашкан “Артек” лагерин калыбына келтирүү иштери башталган. Аталган лагердин базасында 2014-жылдын 16-июнунда эл аралык балдар борбору түзүлүп, Орусиянын Билим берүү жана илим министрлиги уюштуруучу макамга ээ болгон.

2015-жылдын мартында Орусия өкмөтү “Артектин” 2020-жылга чейинки өнүгүү программасын бекиткен.

Ооз ачырган кызыктар, он миң сомдук мышыктар

Ит базарда соода саат сайын болот

 Ишемби-жекшемби күндөрү Бишкек шаарындагы ит базарда бут коерго жер жок. Бул күндөрү сатуучулардын көбү ит-мышык, канаттуунун түрлөрүн, көчөт сатканы чыгышат. Чарбасын көбөйтүп, жакшыртуу максатында базар аралаган сатып алуучулардын саны да аз эмес. Элдин агымы менен кошо биз да балапан багуунун сырлары, үй жандыктардын баасы менен тааныштык.

 Жаздын бир күнү кыштын он күнүнө барабар дешет куш базарында соода кылып отургандар. Кайда барба колдон келишинче ар бир күндү текке кетирбей пайдасын көрүп калуунун камын көргөндөр. Сезон азыр жакшы баштала элек дейт сатуучулар. Алардын үмүтү апрелдин аягы май айынын башы менен акталат. Ушул убакта сатып алуучулардын саны да арбын болот экен.
Күнгө кактанып, көзүн үлдүрөтүп турган жөжөлөрдүн туруктуу үй-жайы ушул торчолор. Тоок көбөйтөм деген кардардын негизги милдети — тизилген балапандарды жаңылбай, сатуучуга алданбай жакшысын тандоо. Көлөмүнө карай баасы  да ар түрдүү, ошентсе да арасынан жүдөөсү, жүнү тирүүсү бар. Сатуучулардын бири Айнагүл Алымбаева көп жылдан бери балапан сатып бизнес кылат. Балапанды кантип тандап, кандай багыш керек деген суроого сатуучу төмөнкүдөй жооп берди. Айнагүл эже бир күндө 1000 балапан сатат.

Кыргызстанда тооктун канча түрү бар? Айырмачылыгы эмнеде?

Изображение 470-min— Баш-аягы тооктун 150 түрү бар. Учурда докомбар, кучинский, бройлер, радонит, несушка, рама деген түрү кеңири тараган. Кучинский этти да, жумуртканы да жакшы берет. Докомбар болсо мушташтырганга жакшы, ал эми бройлер эттүү тоок. Айтор, ар биринин өз артыкчылыгы бар. Сусарка деген  тооктун түрү жумуртканы жакшы берет. Тоокту түрү менен багам дегендер корозун улам алмаштырып, тукумун жаңылап туруш керек. Азыр шаардагылар мындай турсун, тээ Нарын, Жумгалда жашагандар кызыгып, тоок түрүн көбөйтүп жатышат.

— Балапанды кайсы мезгилде алуу ылайык? 

— Негизи балапанды март айынын башынан баштап эле ала бериш керек. Күн салкын кезде чыккан балапандар сергек болуп тез чоңоет. Эрте жазда чыккан балапандардын организми күчтүү болуп, жакшы бакса күзүндө жумуртка тууп башташат. Аны көбү билбей, кенебей жүрө берип жайында жөжө алганы келишет. Күндүн ысыгында сызгырылып турган немелер жүдөп тез өлүп калганы да ошондон. Жаңы чыккан балапанга баладай кам көрүү зарыл. Алгандардын көбү туура эмес багып өлтүрүп алат да, анан силер оорукчан жөжө сатасыңар деп бизге доомат коюп келишет.

— Сиз кандай жол менен көбөйтөсүз?

— Өзүмдүн отуз эле тоогум бар. Базарга алып чыгып сатып жаткандарын досторуман, туугандарыман чогултуп алгам. Убагында туугандарыма тоок кармаганды үйрөтүп койгом. Мен аларга жумуртка таап берем, алар мага чыгарып беришет. Өзүм инкубатор кармайын десем шарт жок.

— Бир тоок канча жумуртка басат?

— Көлөмүнө жараша 18-29ду салса болот. Эгер тоокту ондон ашык балапаны менен алып чыкса жакшы баада өтүп кетет. Инкубатор көлөмүнө карата ар кандай баада сатылат. Мисалы, 50 000 сомдук инкубаторго эки жарым, үч миңге жакын жумуртка салынат. Ал он сегиз — жыйырма күндө чыгат. Каздыкы жыйырма сегиз күндө чыгат. Бирок тоок басып чыгарган балапан менен инкубатордон чыккан балапандын айырмасы асман менен жердей. Балдар үйүндө чоңойгон бала менен ата-эненин колунда чоңойгон баладай.

Мисалы, алыскы жолго чыга турган болсок кандай балапан алган оў?

— Алыскы Ош, Жалал-Абадка бир күндүк балапандарды алып кетип жатышат. Анткени алар жол жүргөндө дароо уйкуга киришет. Тамакты талап кылышпайт. Ал эми эки-үч күндүк балапандардын канаты кылтыйып чыгып калат. Алар жолдон ачкадан же бири-бирин тебелеп өлтүрүп салышат. Эгер чоў балапанды сатып алып алыс жолго чыга турган болсоўор анда кутучага өтө жыш эмес, ашып кетсе 5-8 балапан салуу керек. Учурда бир күндүк балапандар 30 сомдон, 3 күндүк балапандар 70 сомдон сатылып жатат.

Жөжө багуудагы жөнөкөй кеңештер

Изображение 468-min Балапанга сөөк кошулган ун берүү керек. Базарда «костная мука» деп даяр сатылат. Жүгөрүнү кургак бойдон берүү зарыл. Эгер жүгөрү көгөрүп кетсе балапан дароо өлөт. Канаттуулар деле адам сыяктуу тамактануу рационун кеңейтип, күнүгө ар башка жем жегенди жакшы көрөт. Андыктан буудай, арпа, жүгөрүнү аралаштырып берген оң.

 —  Балапан алгачкы он күндүн ичинде өзгөчө камкордукка зар. Аны ар бир эки саат сайын жүгөрүнүн майдасына быштак аралашылган тамак менен тойгузуу керек. Онунчу күндөн кийин сууга бышкан картошка, сабиз, ашкабак берсе болот. Ар бирине 30-40 грамм порция туура келиш керек. Калдыктарын жеп бүткөн соң дароо тазалоо керек. Чириген картошканын же сабиздин калдыгын жесе өлөт.

Алгачкы күндөрү алардын жаткан жеринде 32-30 градус жылуулук болуш керек. Алты күндөн кийин 29-26, он күндөн кийин 25-23, бир айдан кийин 19-17 градуска чейин азайтса болот. Жөжөлөр тынымсыз чыйпылдап жатса, демек алар үшүп жатканын билдиргени.

 Каздын балапаны тооктукуна караганда чыйрак келет. Алгачкы беш күн жакшы «мамиле» жасап көзүн карап койсоңуз андан кийин өз арбайын согуп кетет. Каздын балапандары жемге караганда жашыл чөпкө зар.

 Үндүктүн балапанын нааразы болгонуна карабай энесинен ажыратып алган оң. Энелери калдактап тебелеп алып көп учурда балдарын өздөрү өлтүрүп алышат. Канаттуулардын арасынан жүгөрүгө бат семиргендер ушул үндүктөр.

 Балапанга он беш күндөн кийин ооруга каршы мурдуна ласота дарысын тамызып, бир айдан кийин эмдөө жүргүзүү керек. Чума оорусуна каршы бир куту дары 35 сом турат. Ал 100 тоокко кенен жетип, алты айга чейин оорудан сактайт.

Ит базарында соода саат сайын болот

Изображение 463-minЭң эле кымбат деген иттер немис овчаркалары 500 доллар экен.
Андан кийин катар сатыла турган иттердин арасынан чылгый кара, күрөң иттер көзгө илинди. Бул порода шарпей деп аталат. Баасы 350 доллар деп сураган орус кожоюндар «Бул породадагы иттер негизи кымбат, күчүк кезинде эле кымбатка сатылат» деген оюн билдиришти. Ал эми кыргызга мүнөздүү жыты жакын тайгандар да немец овчаркалардан кем калбайт. Драткан деген породадагы тайганга окшош иттердин ар бирине ээси 400 доллар сурап турган кези.

Базардын басымдуу бөлүгү алабай деген породадагы иттер. Жаш курагына чектөө жок. Бир айлык күчүктөрдөн тарта төрт жаштагы чоў иттерди да тапса болот. Бир ай он күндүк  кичинекей ак күчүк 250 доллар, немец породадагы эки айлык күчүктөрдүн бирөөсү 8000 сом, үч айлык шарпей 8000 сом (күрөң иттер), симбирна эки айлык 8000 сом (сулуу күчүктөр), 4 айлык азият күчүгү 6000 сомдон сатылууда. Кавказец деген породадагы бир айлык төрт күчүк 500 доллар, русский фаниель деген кулагы узун күчүктүн бирөөсү 1700 сомго бааланат. Бир айлык азият породасындагы  күчүк 100 доллар.

Изображение 478-minКичинекей күчүктөрдү сатуу үчүн базарга өздөрүн гана алып келбестен, алардын энелерин кошо алып келишет. Күчүктөр сатылып бүткүчө энеси жанында жатат. Күчүктөрдү кардарлар келип алып кетип жатканда чоң иттер кадимкидей кызганып, бергиси келбей айбат көрсөтүшөт. Баса белгилеп кетчү жагдай, жогорудагы кымбат баага сатылып жаткан иттин ар бири убагы менен эмдөөдөн өткөн. Болочоктогу ээсине өздүгүн, асыл тукумдугун тастыктай турган документ менен кошо берилет. Кээ бир амалкөй сатуучулар көчөдөгү багар-көрөрү жок күчүктөрдү деле жууп-тазалап сата берет. Бул базарда ата-энесин ээрчиген балдар арбын. Алардын көзү кичинекей күчүктөрдөн өтүп, кымбаттыгына карабай ата-энесине саттырып алып жатканына күбө болдук. Ушул жерде 6 жылдан бери ит сатып жан баккан Денис Умаров базардын айрым былыктарын айтып берди.

— Мен алабай породасындагы күчүктөрдү сатам. Өтө деле кымбат эмес, эў мыктысы 3000-5000 сомго чейин сатылат. Көбүнчө интернет аркылуу соодалашам. Социалдык тармакта иттеримди көргөндөр үйдөн алып кетишет. Бүгүн базарга төрт күчүк алып чыккам. Азыр экөө калды.

— Сиз дагы өздүгүн тастыктай турган документ бересизби?

— Документ деген жөн эле элди алдоо. Андай документти ар бир экинчи ветеринардык клиникадан жасатып алса болот. Мисалы, шарпей породасындагы ит деп калп эле жасалма документ менен 100 доллар кошуп саткандар бар. Чынында андай эмес.

— Өзгөчө породадагы иттерге элден башкача тамак керек дешет?

— Жок. Итке ашыкча чыгым жумшап кереги жок. Эл катары эле ботко, тамактын калдыктарын жешет. Кээ бирөө атайын иттин азыктарын беришет. Салыштыруу үчүн айта кетсем педигри деген тамак кириешки сыяктуу жагымсыз эле болот. Кымбат экенине карабай аны ар бир эле ит жей бербейт.

 Мышыктар…

Изображение 487-minБалдардын сүймөнчүлүгүнө айланган дагы бир жандык — мышыктар. Бул базарда алардын түрү арбын. Мисалы, канадалык сфинкс породасындагы бала мышыктын баасы 4000 сомдон жогору. Ал эми шотландиянын скоттиш-фолд породасындагы мышыктын баасы 10 000 сом турат. Бул мышыктын башкалардан артыкчылыгы – кишиге өтө жакын. Кулагы тикчийбей жатып турат. Булар менен кошо кадимки үй мышыктары да сатылат. Алардын баасы 400-700 сомдон. Сатуучулардын айтымында, асыл тукум мышыктын ата-энесинин, асыл тукум экенин тастыктай турган сертификат берилет. Ал документ менен кийин мышыктардын көргөзмөсүнө катышууга мүмкүн. Ал эми катардагы мышыктарда андай мүмкүнчүлүк жок.

 

Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА

Булак: “Жаңы Агым”

Чек арадагы орток пикир: суу – тажиктерге, мурап - кыргыздарга

Исфара менен Баткендин жетекчилери “Чилгази” сугат каналынын суусун бөлүштүрүү процессин мураптын колуна өткөрүп берүүнү чечти. Ал сугат системасын башкарып, сууну айылдарга бөлүштүрүп берүүгө жооптуу болот.

Исфара менен Баткендин суу чарба башкармалыктары “Чилгази” сугат каналынын суусун эки өлкөнүн чектеш айылдарынын ортосунда бөлүштүрүү туурасындагы келишимге кол коюшту. Эми суунун 80 пайызын Тажикстан, 20 пайызын Кыргызстан колдоно турган болду.

Азыркы тапта суу берүү жана аны бөлүштүрүү милдети кыргыздардын Карабак айылынын тургундарынын бирине жүктөлгөн.

22 чакырымга созулган «Чилгази» сугат каналынын башаты Исфара дарыясында жайгашкан. Анын жардамы менен кыргыздардын 400 гектарга жакын жер тилкеси жана тажиктердин 1000 гектардан ашуун болгон Лаккон менен Исфара аймактарынын жер тилкелери сугарылат.

Канал 50-жылдарда эле курулган.

Чек аранын эки тарабындагы адамдар эми сууга байланышкан бардык чыр-чатактарга чек коюлду деп үмүттөнүшөт. Исфаранын 80 миң тургуну жана Баткендин 7 миң жашоочусу үчүн суунун жетишсиздигинен көп жылдар бою айыл чарба максатында колдонулбай келген жерлерин сугарууга шарт түзүлдү.

Суунун тартыштыгы буга чейин эки өлкөнүн чектеш аймактарындагы кандуу талаш-тартыштардын себепчиси болуп келген

Айыбы ашкереленсе артын жашыргысы келген өкмөт

Соңку эки айдан бери кыргыз парламентиндеги бир топ депутаттар премьер-министр Темир Сариевдин отставкасы боюнча көп сөз кылышты. Ал тургай өкмөт башына Канат Исаев, Аалы Карашев, Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Бабановдордун келиши боюнча да божомолдор айтылды. Мындан башка Темир Сариевди айыптаган тендерлерге байланыштуу каржылык мыйзам бузуу маселелери көтөрүлдү. Иши кылып премьер-министрди кызматынан кетирүү боюнча бир топ депутаттар катуу чабуул жасап, иштин өтөсүнө чыгуу үчүн абдан катуу аракеттенип жаткан кези.

Бул кырдаалда Темир Сариев да жөн жатпай ушул мезгилге чейин Өзбекстан пайдаланып келген Ысык-Көлдөгү «Рохат», «Дилором», «Золотые пески» жана “Бустон” пансионаттарын толугу менен Кыргызстандын менчигине өткөргөн токтомго кол коюп, «буга биздин эркибиз жетти» деп кыргыздын кызыкчылыгына төп келген ишти жасаганын жар салды. Муну менен Сариев саясий чечкиндүүлүк көрсөтө алары колунан келе турганын каңкуулады. Бул эле эмес кыргыз өкмөтү эртеби-кечпи Казакстан пайдаланып келе жаткан пансионаттар боюнча да маселе көтөрүлө турганын билдиришти. Бул аракеттердин өзү эле «ушундай иштерди жасап жаткан өкмөттү эмне үчүн отставкага кетириш керек» деген ортозаар пикирди коомчулукка жайылтып койду. Ал эми буга чейин түштүктө Өзбекстан пайдаланып келген бир топ мүлктөр Кыргызстанга кайтарылып алынганын өкмөт буга чейин маалымдаган. Алар:«Орто-Токой» суу сактагычы, Аксыдагы Чоң Наманган каналы (12,9 км), 14 чакырым Чуст каналы, Ноокендеги “Достук”, “Маданият” жана “Октябрдын 50 жылдыгы” насостук станциялары, 43 чакырым Сол жээк Нарын каналы, 12 чакырым Сох-Шаймерден каналы, 12 чакырым Лаган каналы жана №1 Фергана автотранспорттук колоннасы, “Фергананефть” (ӨКМ имараты) “Фергананефть” автобазасы, Кадамжайдагы Кайтпас-Кыргыз-Кыштак айыл аймагындагы жер тилкелери. Ош облусу боюнча: Керкидон суу сактагычына куйган 12 чакырым канал жана Кара-Суудагы 28 чакырым Савай каналдары болуп саналат.

Ошентип Темир Сариев парламенттеги өзүнө карата жасалып жаткан кара иштерге жооп иретинде чек арага, менчикке байланыштуу чуулгандуу токтомдорду кыска убакыттын ичинде узун-туурасынан кол коюп салды. Пансионаттарды Кыргызстандын менчигине кайтаруу боюнча чыккан токтом элдин кулагына канчалык жагымдуу угулбасын, бул иште да биздин шорубуз каткан жагдайлар бар. 2010-жылы да ондогон ири ишканалар, банктар, заводдор, мүлктөр улутташтырылып мамлекеттин карамагына өткөн. Бирок арадан беш жыл өтпөй алардын кайда, кимдин колуна кеткенин таппай калдык. Бүгүн «Акылинвестбанк» кимде, Ширшовдун учагы жана башка ондогон мүлктөр кайда экенин карапайым эл жакшы билбейт. Болбосо башында баары элге деген шылтоо менен улутташтырылган болчу. Азырынча көзгө көрүнгөнү бир эле «Мегаком» уюлдук компаниясы болсо, өкмөт аны да сатам дегенде эки көзү төрт болуп турат. Эми Ысык-Көлдүн эң бир кооз, эң бир ыңгайлуу жеринде жайгашкан өзбек пансионаттары келечекте кимдин колуна өтөөрү азырынча белгисиз.
Расмий Өзбекстан өздөрү пайдаланып келген  Ысык-Көлдөгү пансионаттар боюнча эч кандай жооп кайтара элек. Кандайча жооп айтары да табышмак. Ушуну менен такыр унчукпай калат деп ойлоодон да алыс болуу керек.  Бизге эмне камдап жатканы жакында белгилүү болоор. Бул арада бир топ саясатчылар менен серепчилер өкмөттүн бул аракетин популисттик ойлонулбаган чечим катары баалашып, бул нерсе туризмге доо кетире турганын айтышты. Ал эми Бакиев бийлигинин тушунда эки өлкөнүн парламенттеринен ратификациядан өткөн Казакстандын Ысык-Көлдөгү төрт пансионатын Кыргызстан кандайча маселе көтөрүп, өз менчигине кайтарып ала турганы боюнча өкмөт түшүндүрмө берген жок. Бирок өкмөттүн бул маалыматы казак чөйрөсүнүн кабыргасын тымызын кайыштыра турганы анык.
Темир Сариевдин отставкасын шарттаган өтө орчундуу жүйөлөрдүн бири Унгар-Тоого байланышкан акыркы кездеги талаш окуялар болчу. Аны Өзбек республикасына тиешелүү деп токулган токтом кыргыз өкмөтү тарабынан чыкканына карабастан чын-төгүнүн текшерүүнү Жогорку Кеңеш Башкы прокуратурага жиберди. Себеби Сариевге бул токонаалаттан кутулуу кыйын болчу. Бул кырдаалдан буйтап кетүү үчүн көп аракет жасалып, мунун башаты да акыры аты жаман Бакиев бийлигине келип такалды. Маселенин чоо-жайы мындайча баяндалат:
2006-жылдын 23-сентябрында Ташкент шаарындагы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жана делимитация маселеси боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын биргелешкен кезексиз отурумунда протоколго кол коюлган экен. Анда Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын биргелешкен кезексиз отурумунун протоколунда Үңкүр-Тоо өзбекче «Унгартепа» деп аталып, ал жер «Өзбекстан Республикасынын аймагында жайгашкан» деп белгилениптир. Тоонун жалпы аянты 45 гектар. Эми өткөндөгү бул документтерди казып чыгуу менен кыргыз өкмөтү Сариевдин токтому ырасталган күндө деле «Бакиев эчак эле берип койгон экен» деп кутулуунун амалын жасай турганы ырас болуп калды. Бирок бул жерде бир аз моюндан алып салгыс өжөр далилдер бар. Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев эгер Сариев Унгар-Тоону Өзбекстанга бере турган болсо «башы кетет» сыпатында айтканы бар. Өкмөттүн маалымат катчысы андай токтом жок дегенине карабай так Темир Сариев кол койгон токтом интернет сайттарга жарыяланып кетти.
Темир Сариев Өзбекстандын төрт пансионатын Кыргызстандын карамагына өткөрүү токтомун ал креслосун сактап калуу үчүн ошол кадамга барды деп да чектүү түшүнбөш керек. Өтө кылдат, өтө акырын, ары токтоо Темике бул аракет менен көп максатты көздөдү. Эгер ал өкмөт башчысынан кеткен күндө деле алдыда президенттик шайлоо келе жатат. Андыктан «Ошондо мен саясый эркимди көрсөтө алдым» деп шайлоочулар алдында айтууга жеңил болот.

Кадыр БОСТОН

Булак: “Жаңы Агым”

Парламент жаңы премьер-министрди шайлады

Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн жаңы курамын, түзүмүн жана программасын талкуулашты.

Премьер-минстрликке Сооронбай Жээнбековду Жогорку Кеңеш депутаттары бир добуштан шайлады. Депутаттар алгач өкмөттүн программасын угуп, суроолорго жооп алган соң, ачык түрдө электрондук добуш беришти.

Өкмөттүн программасына, курамына жана түзүмүнө депутаттар өз-өзүнчө добуш берди. Өкмөттүн программасына гана эки депутат каршы болду. Жыйынга 115 депутат катышкан.

Өкмөттүн түзүмү дээрлик өзгөргөн жок. Бирок курамында айрым жаңылануулар бар. Бул арада агасы премьер-министрликке шайлангандыгы үчүн Асылбек Жээнбеков төрагалык кызматтан кетти.

Спикердин креслосун ээлей турган болжолдуу талапкерлер бар. Парламентте баарынан көп үч депутаттын-“Кыргызстан” партиясынын лидери Канат Исаев, “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын башчысы Бакыт Төрөбаевдин жана көпчүлүк коалициясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбековдун аты аталууда

Эми милициянын ала таягы болбойбу?

 

 Ушул жылдын 2-апрелинде КР Ички иштер министрлигинин учурдагы жүрүп жаткан реформасы менен Ысык-Көл облусуна министр Мелис Турганбаев иш сапары менен  журналисттерди коштоп барып келди. Чакырылган жалпыга маалымдоо каражаттарынын ичинде биздин «Жаңы Агым» гезити да болуп, иш-чаранын жүрүшүнө баштан-аяк күбө болдук.

Эми МАИ деген түшүнүктөр жоголот.

КР ИИМ министри, милициянын генерал-майору Мелис Токтомамбетовичтин иш сапарынын башталышы Каракол шаарына кире бериштеги эски жол көзөмөлдөө кызматынын имараты «Ысык-Көл өнүктүрүү фонду» тарабынан 1 млн 994 миң сомго капиталдык ремоттон өткөрүлүп, Ысык-Көл ОИИБ жол кайгуул кызматына берилген имаратты салтанаттуу  ачуу аземи менен башталды. Салтанатка министр Мелис Турганбаев,  министрдин орун басары Алмазбек Орозалиев,  КР өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаев, КРнын генералдар клубунун төрагасы Садырбек Дубанаев жана башка Ысык-Көл облусунун ички иштер кызматкерлери катышышты.  Бул постто жол эрежесин бузгандарды автоматтык түрдө көзөмөлгө ала турган видео байкоо орнотулган. Ушул жерден министр отставкадагы ардагер кызматкерлерге патрулдук милиция жөнүндө буларды айтып берди:

-Патрулдук милиция бул 50-60% милициянын жумушун жасайт. Мурункудай контордо отуруу, жолдон тосуу деген болбойт. Эгерде кимде-ким жол эрежесин бузуп жаткан болсо патрулдук милиция текшерет, ар биринде видеокамера бар. Мына, кечээ эле Бишкекте текшерүүдөн өткөрдүк. Бир айдоочу жол эрежесин бузуп айдап бараткан, анын баары патрулдук милициянын видеокамерасына тартылып алынган. Качан гана ал айдоочуну токтотконубузда «ой эмнеге токтотосуңар, эмне кылдым» деп кыйкыра баштады. Баягы тартылып алынган видеону көргөзгөнүбүздө гана «ай кечирип койгула, мен эреже бузган турбаймынбы, бул аппаратыңар укмуш го»  деп өзүнө чыгарылган айып пулун төлөдү. Бул видеокамераларга тартылган видеолор бир айга чейин сакталып, бир айдан кийин терминалда сакталып турат. Эми айдоочулар мурункудай милиция кызматкерлерин мыйзамсыз токтотту же текшерди деп күнөө кое алышпайт. Дагы бир баса белгилеп айта кетчү нерсе патрулдук милиция кызматкери тартылган видеолорду өз алдынча өчүрүп сала турган болсо токтоосуз жумуштан алынат. Мен азыр кызматкерлерге шарт эле айып пул салып же камап кирбегиле деп айтып жатам. Азырынча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, элди жаңы система менен тааныштырыш керек. Бул системаны ишке киргизиш үчүн мамлекеттен бир тыйын алган жокпуз. Казынага түшкөн айып пулдардын 25%ы бизге, ИИМге калат эмеспи ошол каражаттын эсебинен алдык,-деди.

Милициянын балдарына бала бакча салынат

Министрдин иш сапары жаңы бала бакчанын капсуласын куюу менен улантылды. Каракол шаарында милициянын балдарынын атайын бала бакчасы бар. Бирок бул бала бакчага быйыл туура 99 жыл болгон. 1917-жылы аткана болуп салынган имарат 1960-жылдары Ысык-Көл облусундагы милиция кызматкерлеринин бала бакчасы болуп берилген. Быйыл ички иштер министрлиги тарабынан 21 миллион сом бөлүнүп, ошол эле жерге 60 орундуу бала бакчаны куруу иши башталган. Бөлүнгөн суммага бала бакча толук бүткөрүлүп, заманбап жабдуулар менен толук камсыздалат. Аталган бала бакчанын капсуласын  КР ИИМ  министри Мелис Токтомамбетович жана КРнын өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаевичтер куюшту.  Ысык-Көл ОИИБнын №5 бала бакчасы ушул жылдын сентябрь айында бүткөрүлүп, колдонууга берилет экен.

Патрулдук милиция жаңы  унаалар менен камсыз болду

турганбаевКаракол шаарынын борборунда министр жаңы түзүлгөн Ысык-Көл облустук Ички иштер бөлүмүнүн патрулдук милициясы менен таанышып чыкты. Учурда патрулдук милициянын карамагына 31 кызматтык автоунаа берилген. Жакын арада дагы 5 унаа кошумча берилээрин  айтты М.Турганбаев.

-Мына жаңы структура түзүлүп жатат, 1-апрель күнү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда патрулдук милиция өз ишин баштады. Бүгүн касиеттүү Ысык-Көл облусунда өткөзүп жатабыз. Эми менин сиздерге айтаарым эл үчүн кызмат кылыш керек, баягы  МАИ, ППС деген түшүнүктөрдү жоготуш абзел. Жаңы структурада жаңыча иш алып баруубуз зарыл. Сапарыбыз байсалдуу болуп, баштаган ишибиз ийгиликтүү болсун. Бүгүнкү күндө элдин, учурдун талабы болуп жаткан таза иштөө менен эл ишенимине ээ болгула, — дейт Турганбаев.

Форум!

Министрдин иш сапарындагы бирден бир максаты бул жер-жерлерде өткөрүлүп келген «Өлкөнүн келечеги биздин колубузда. Кылмыштуулукка жана экстремизмге жол жок» аттуу форумга катышуу болду. Форум Касымаалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл мамлекеттик драмтеатрында өттү. Форумга жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, диний өкүлдөр, билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлер жана милициянын бардык кызматкерлери катышып,  өз ойлорун билдиришти.  Ошону менен катар жергиликтүү тургундар облус жетекчисине жана Ички иштер министрине өз суроолорун беришти. Иш сапардын соңунда Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Эмил Салиев ардактуу эс алууга чыгып, ээлеген кызматынан бошотулду. Анын ордуна Октябрь Урманбетов дайындалды. Жыйынтыктап  жатып айта кетчү нерсе жакшы жетекчи,  жакшы иштеген кызматкер кызматтан чоң сый урмат менен узатылаарына күбө болдук. Эмил Салиевге Ысык-Көл облустук администрациясы тарабынан ак калпак, чепкен кийгизилсе, Ички иштер министри Мелис Токтомамбетович  ага ат мингизип узатты.

Нурмухамед ЖУМАБЕКОВ,

Бишкек-Ысык-Көл-Бишкек

Булак: “Жаңы Агым”

Бюджет мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды жоюу демилгеси сунушталды

 

Жогорку Кеӊеште бюджет мыйзамдарындагы карама-каршылыктарды жоюуга багытталган “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Экономика министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга ылайык, шаарлардын жана айылдардын тийиштүү жергиликтүү бюджеттерине аларды иштеп чыккан жери боюнча жер казынасын пайдалануу үчүн салыктан чегерүүлөрдүн ченемдери 50 пайыз өлчөмүндө белгиленген. Ал эми бюджеттик укуктун негизги принциптеринде андай жобо камтылган эмес.

Ошондон улам, ушул мыйзам долбоору аркылуу “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу” мыйзам ошондой жобо менен толуктоо сунушталууда. Мыйзам кабыл алынса, эки мыйзамдын ортосундагы карама-каршылык жоюлат.

КМУ ажатканасына чейин жарактан чыкканбы?

 

Мындан эки ай мурда Кыргызстандагы ЖОЖдордун флагманы аталган (иш жүзүндө коррупция, трайбализм гүлдөгөн) Ж.Баласагын атындагы КМУнун проректору ме­нен башкы бухгалтери ИИМдин 5-башкармалыгынын кызматкерлерине ири суммада пара сунуштагандыгы үчүн кармалган бол­чу. Алар байкуш студенттердин ата-энелери акыркы уюн сатып төлөгөн окуу акысын бюджетке которбостон, коммерциялык банктар аркылуу айлантып, оңбогон үстөк акча алып турушкандыгы ачыкка чыккан. Натыйжада мамлекеттин казынасына ири суммадагы каражат түшпөй калган. Бирок баарынан кызыгы, ушул “ва-банк” операция тууралуу ректор Ч.Адамкулованын кабары жок болуп чыкты.

Ал азыр да “төө көрдүңбү жок, бээ көрдүңбү жок” болуп иштеп жүрөт. Бул аралыкта университеттин айрым факультеттериннн жетекчилери кайдагы бир практикада жок реформа, инновациялык жетишкендиктерди айтышып, маалымат жыйынын өткөрүшүүдө. Андан көрө алар окуу корпустарынын авариялык абалын, ауди­тория жетпеген студенттердин залда сандалып жүрүшкөндүгүн, башканы кой, башкы корпустун ажатканасын кантип оңдоо туу­ралуу айтышса болмок. Чынды­гында контракт акчаны айлантуу жана башка коррупциялык көрүнүштөр бул окуу жайда “салтка” айланып калган.

Булак: “Майдан.кж”

КМУ ажатканасына чейин жарактан чыкканбы?

 

Мындан эки ай мурда Кыргызстандагы ЖОЖдордун флагманы аталган (иш жүзүндө коррупция, трайбализм гүлдөгөн) Ж.Баласагын атындагы КМУнун проректору ме­нен башкы бухгалтери ИИМдин 5-башкармалыгынын кызматкерлерине ири суммада пара сунуштагандыгы үчүн кармалган бол­чу. Алар байкуш студенттердин ата-энелери акыркы уюн сатып төлөгөн окуу акысын бюджетке которбостон, коммерциялык банктар аркылуу айлантып, оңбогон үстөк акча алып турушкандыгы ачыкка чыккан. Натыйжада мамлекеттин казынасына ири суммадагы каражат түшпөй калган. Бирок баарынан кызыгы, ушул “ва-банк” операция тууралуу ректор Ч.Адамкулованын кабары жок болуп чыкты.

Ал азыр да “төө көрдүңбү жок, бээ көрдүңбү жок” болуп иштеп жүрөт. Бул аралыкта университеттин айрым факультеттериннн жетекчилери кайдагы бир практикада жок реформа, инновациялык жетишкендиктерди айтышып, маалымат жыйынын өткөрүшүүдө. Андан көрө алар окуу корпустарынын авариялык абалын, ауди­тория жетпеген студенттердин залда сандалып жүрүшкөндүгүн, башканы кой, башкы корпустун ажатканасын кантип оңдоо туу­ралуу айтышса болмок. Чынды­гында контракт акчаны айлантуу жана башка коррупциялык көрүнүштөр бул окуу жайда “салтка” айланып калган.

Булак: “Майдан.кж”

Жогорку Кенеш утвердил программу, структуру и состав Правительства КР

Сегодня, 13 апреля Жогорку Кенеш утвердил программу, структуру и состав Правительства Кыргызской Республики.

Отметим, что проекты программы, структуры и состава Правительства Кыргызской Республики представил кандидат на должность Премьер-министра Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков.

В ходе обсуждения этих вопросов, депутаты поднимали вопросы экономического и социального характера. Поднимались вопросы поддержки и развития сельского хозяйства, горнодобывающей промышленности; реконструкции автомобильных дорог; привлечения внешних и внутренних инвестиций; увеличения размера социальных пособий и другие. Об этом сообщает пресс-служба ЖК КР.

Состав и структура Правительства КР:
-Премьер-министр Кыргызской Республики –Сооронбай Жээнбеков;
– Первый вице-премьер-министр КР– Мухамметкалый Абулгазиев;
– Вице-премьер-министр КР – Олег Панкратов;
– Вице-премьер-министр КР – Гульмира Кудайбердиева;
– Руководитель Аппарата Правительства – министр КР – Акылбек Осмоналиев;
– Министр иностранных дел КР – Эрлан Абдылдаев;
– Министр внутренних дел КР– Мелис Турганбаев;
– Министр юстиции КР– Жылдыз Мамбеталиева;
– Министр финансов КР– Адылбек Касымалиев;
– Министр экономики КР– Арзыбек Кожошев;
– Министр сельского хозяйства и мелиорации КР– Турдуназир Бекбоев;
– Министр транспорта и коммуникации КР – Замирбек Айдаров;
– Министр чрезвычайных ситуаций КР– Кубатбек Боронов;
– Министр образования и науки КР – Эльвира Сариева;
– Министр здравоохранения КР – Талантбек Батыралиев;
– Министр культуры, информации и туризма КР – Алтынбек Максутов;
– Министр труда и социального развития КР – Кудайберген Базарбаев;

Государственный комитет национальной безопасности КР и Государственный комитет по делам обороны КР являются номенклатурой Президента Кыргызской Республики.

Спикер КырПарламента Асылбек Жээнбеков сложил с себя полномочия, Из-за братишки

Спикер Жогорку Кенеша Асылбек Жээнбеков сложил с себя полномочия. Об этом он сказал 13 апреля на заседании парламента.

По его словам, Кыргызстан перешел к демократии. Итоги неплохие.

“Я от партии СДПК три раза был избран депутатом. Два созыва становился спикером парламента. Сейчас стоит вопрос назначения моего родного брата главой правительства. Поэтому я по собственному желанию написал заявление о сложении полномочий спикера”, – отметил он.

А.Жээнбеков поблагодарил коллег за оказанное доверие, высказал надежду на дальнейшее процветание республики. После чего депутаты аплодировали ему, стоя.

Почему не решаются проблемы приграничных территорий

В связи с ситуацией вокруг Ункур – Тоо мне вспоминается 26 февраля 2001 года, когда рано утром к нам прилетел тогдашний премьер – министр Узбекистана У. Султанов. Он с собой привес проект меморандума урегулирования правовых вопросов делимитации государственной границы между Кыргызской Республикой и Республикой Узбекистана. Премьер – министры Кыргызстана и Узбекистана должны были подписать указанный документ, инициированный президентом Узбекистана И. Каримовым и накануне согласованный по телефону с А. Акаевым. Несмотря на то, что я не отвечал за работу межправительственной комиссии по вопросам делимитации и демаркации государственной границы, тогдашний премьер – министр К. Бакиев срочно вызвал меня в госрезиденцию, где должна была состояться встреча двух премьеров. Мы с ним договорились о том, что не будем подписывать такой меморандум. Но когда два премьер–министра пришли к А. Акаеву, который ждал их в резиденции “Ала – Арча”, он в присутствии У. Султанова заставил К. Бакиева подписать меморандум, предложенный узбекской стороной. Взяв подписанный документ, Премьер – министр Узбекистана сразу же улетел в Ташкент. В трудном положении оказался тогда К. Бакиев, но ему хватило ума, чтобы на следующий день официально отозвать данный документ, уведомив об этом узбекскую сторону.

О чем говорилось в меморандуме? Если не приводить преамбулу документа и переходить к сути документа, то он выглядел следующим образом. “…Стороны договорились о целесообразности соединения Сохского массива с Риштанским районом Республики Узбекистана вдоль реки Сох в обход кыргызских населенных пунктов с адекватной компенсацией в пользу Кыргызской Республики части земель Южного Соха, обеспечивающей строительство автомобильной дороги Баткен – Хайдаркан – Ош, имеющей государственное значение для Кыргызской Республики …”. В настоящее время многие политики хотят манипулировать тем документом, который не состоялся. Вопрос сейчас не об этом, а в другом. В Кыргызстане и сейчас подписываются подобные безответственные межгосударственные, межправительственные, межведомственные и иные документы.

Сложилось так, что кто бы из государственных служащих не поехал за границу, они готовы там подписать любой документ, который будет ущемлять интересы Кыргызстана. Они хотят показаться там значимыми персонами страны. Департамент водного хозяйства ежегодно без разрешения Премьер – министра страны и согласования с местными органами власти подписывает протокол о распределении водных ресурсов кыргызских рек между соседними государствами. Это ведомство, никого не спросив, в свое время подписало соглашение, согласно которому 87 процентов накопленной за год воды в Кировском водохранилище Кыргызстан летом должен передавать Жамбульской области. Когда 2014 – й год был маловодным, вся Таласская долина осталась без поливной воды. Такое же положение в Чуйском, Иссык – Атинском и Панфиловском районах Чуйской долины. А один из институтов Академии наук подписывает с китайскими компаниями о строительстве гидроэлектростанций на реке Сары – Джаз.

Таких очень много, и все это делается без согласования с министерством иностранных дел. Это крайне удивительно, ведь указанное министерство, согласно указу президента, должно координировать и упорядочить такие вещи. Аппарат министерства достаточный, чтобы все это проконтролировать. Может быть поэтому, сейчас пресса обвиняет тогдашнего министра иностранных дел А. Джекшенкулова не чуть ли в инициировании документа по передаче Ункур – Тоо Узбекистану.

Я считаю, что нынешнее обострение ситуации на приграничных территориях с Узбекистаном – это звенья одной цепи, которую можно назвать и безответственностью, и бездарностью государственных мужей, которых даже в таких случаях никто не одергивает и не ставит на место. Кыргызская делегация в 2013 году во главе с вице премьер – министром страны пошла на то, чтобы на заседании межправкомиссий по делимитации и демаркации госграницы с официальными лицами Узбекистана обсуждать не свойственные для данной комиссии вопросы, предложенные узбекской стороной. Они заставили наших договориться до того, что вопросы, связанные с распределением водных ресурсов Кыргызстана, со строительством каскада ГЭС, в том числе Камбар – Атинской ГЭС – 1, с подачей газа в южные региона Кыргызстана и другие будут решаться в контексте разговорчивости Кыргызстана по приграничным вопросам, в том числе по проблеме Сохского коридора.

Указанные вопросы являлись самыми острыми проблемами между государствами и не должны были рассматриваться на заседании межправительственной комиссии по делимитации и демаркации границы. Хорошо, что вице премьер потом отрекся от тех договоренностей, когда о них начала писать республиканская пресса. Не отработанные и не согласованные с руководством страны вопросы не должны выноситься на рассмотрение межгосударственных делегаций.

В связи с этим я вспоминаю еще один случай. В разгар лета 1992 года тогдашний губернатор Жалал – Абадской области – во всех отношениях лихой человек – пригласил хакимов Андижанского и Наманганского областей Узбекистана в гости с посещением знаменитого Арсланбоба. Узнав об этом из передачи кыргызского телевидения, президент Узбекистана тут же освободил их от работы за безответственное самовольство.

А наши государственные служащие больше находятся за рубежом, чем на работе. Если бы они по результатам своей поездки за границу что – то хорошее внедрили на работе. Но нет, же!

Базарбай Мамбетов

Источник – paruskg.info

Кыргызстан менен Румыниянын визасыз катташуусу боюнча келишим ратификацияланууда

Жогорку Кеӊеште “Бишкек шаарында 2015-жылдын 16-июнунда кол коюлган КР Өкмөтү менен Румыния Өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визасыз режим жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Макулдашуу анык дипломатиялык же кызматтык паспорт ээлери үчүн башка тараптын мамлекетинин аймагына кирүү, чыгуу, өтүү жана болуу үчүн жүз сексен (180) күн мезгил ичинде токсон (90) күнгө чейинки мезгилге виза алуу талаптарынан бошотууну караштырат.

Белгилей кетсек, акыркы убакта эки тараптуу кыргыз-румын мамилелеринин деңгээли өсүп, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык жанданганы байкалууда. Ушуга байланыштуу Румыния менен Кыргыз Республикасынын паспортторунун белгилүү категориялары үчүн визасыз режим киргизүү зарылчылыгы келип чыкты.

Макулдашууну ратификациялоо Кыргызстан менен Румыниянын дипломатиялык жана кызматтык паспортторго ээ болгон жарандарынын өз ара сапарларын жеңилдетет жана эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу келишим-укуктук базаны кеңейтет, ал саясий-экономикалык жана консулдук мамилелерди андан ары өнүктүрүүнү шарттайт.

Кайрылуу: Алмаз Шаршенович, маанилүү маселелерди көз жаздымда калтырбаңызчы?

Урматтуу, Алмаз Шаршенович!

Буга чейин айтылып жүргөн “мыйзамдагы ууру” Азис Батукаевди күч органы самолёттун трабына чейин узатканы коомду бир далай дүрбөлөңгө салган. Бирок, Кыргызстанда Батукаевди трапка жеткирип, узатып жиберүү түккө арзыбаган иш болуп калды, андан дагы үч эсе ашып түшкөн оор кылмыш КРнын Жогорку соту Канат Турганбековко тиешелүү болуп турат. Сот Канат Турганбеков мыйзам чегинен чыгып, уюшкан кылмыштуу топтор менен алака түзгөнү тууралуу маалыматтар күндөн күнгө айтылууда. Мындай маалымат жакында мага да келип жетти. КРнын Жогорку сотунун мүчөсү Канат Турганбековдун кылмыштуу иштери ачыкка чыга баштады. Канат Турганбековдун жардамы менен бандит – террорист деп сот тарабынан таанылган Алтынбек Итибаевди үч жолу түрмөдөн чыгарган К.Турганбеков,  анын кийлигишүүсү жана түздөн түз колдоосу менен 9 (тогуз) адам түрмөдөн чыгып, тогуз адамдын өмүрү кыйылды. Кармоо учурунда А.Итибаев автомат менен атып, граната колдонуп, жардыруу болгон, адамдар жашаган үйлөр кыйраган, бейкүнөө 86 жаштагы кемпирдин 56 жаштагы баласын террорист деп байкабай снайперлер атып салышкан. Өкмөт тарабынан бюджеттин эсебинен 10 миллион сомдук каражатка талкаланган үйлөр калыбына келтирген. Күч органдары, КРнын Башкы прокуратурасы акыйкаттык үчүн бул инциденттерди тергебейт. Мындай баш аламандыкка ким күнөөлүү? Кыргызстанда болуп жаткан мындай ыпылас, криминалдык мүнөздөгү терс көрүнүштөргө жол ачып берип жатат? Адамдарды өлтүрүп, карапайым тургундарды ушундай акыбалга ким жеткирди деген – суроону койгон бир дагы генерал, прокуратура же сот жок.

Өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү бир эмес үч жолу чыкса да, Алтынбек Итибаев үч жолу тең кайрадан эркиндикке чыгарылып, үч жолу амнистия берилиши кимдин жардамы менен болуп жатат, кимдин жардамы менен коомго коркунучтуу жаран жазадан кутулууда? – деген мыйзам сакчысы барбы? Жок, ошондуктан, бул өзүнчө укмуштуу парадокс десек жаңылыштык эмес. Кылмыштын өзөгү киллердин көмүскөдөгү буйрутмачысы (“заказчиги”) ким экендигинде? Же болбосо, Канат Турганбековко ким кандай мамиле кылып, кылмыштуу адамдарды жаза жоопкерчилигинен кутултуп жатат? Эгерде бул иштердин баары ачыкка чыкса, анда Санжар Кадыралиевди өлтүрткөн буйрутмачы өзү ачыкка чыкмак. Ошондуктан, Канат Турганбековду кызматтан четтетип эле тим болбостон, тез аранын ичинде кылмыш иши козголуп, анын аткарып жаткан көмүскө иштери ачыкка чыгарылып, юридикалык баа берилсин. Болбосо, ал мындан ары дагы ири кылмыштардын себепкери боло берет. Жогорудагыдай иштеринен улам Канат Турганбеков коомго өтө коркунучтуу адам болуп эсептелет. Жакында болбогон шылтоо менен саясий жаш лидер Мелис Аспековду алты жылга абак жазасына өкүм кылган дагы дал ушу К.Турганбеков. Учурда менин жеке өмүрүмө дагы коркунуч туулуп калды, себеби, мен КРнын Жогорку соту Канат Турганбековдун жана КРнын Башкы прокурорунун орун басары Кылычбек Токтогуловдун мыйзамсыз иштери тууралуу ачык пикиримди билдиргем, ошондуктан, мага бул адамдар куугунтук кыла башташты, эми өмүрүмө дагы кол салышы мүмкүн.

Урматтуу президент!

Сизди бул маселеге кайдыгер карабайт жана тиешелүү жыйынтыктарды чыгарат деп ишенем.

Укук коргоочу

Качкынбек Булатов

Өкмөттө арман жок, оппозицияда дарман жок

Парламенттик башкарууга өтсөк оппозиция парламенттин ичинде болот, алар бийликтин туура эмес иштерин коомчулукка ашкерелейт, көчө оппозициясы мааниге ээ болбой калат деген аныктамалар айтылган болчу. Тилекке каршы Конституциядагы ал беренелер алты жылдан бери кагазда жазылганындай натыйжа бербеди. Бүгүн Жогорку Кеңеште маяна алып, мандат кармаган 38 оппозициянын өкүлү бар. Бирок өлкөдөгү орчундуу маселелерде алардын үндөрү угулбайт.

Ушул жумада кайрадан Турсунбек Акундун демилгеси менен бийлик менен оппозиция өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Ага катышкан Өмүрбек Текебаев парламенттеги оппозициялык партияларды сынга алса Азимбек Бекназаров аларды «бийликтин дүжүрү болду» деп ачык айтты. Чындыгында бүгүн парламенттеги шарттуу оппозиция көтөрчү айрым маселелерди көчө оппозициясы, жарандык коом, жадагалса коалициялык көпчүлүктөгү айрым депутаттар көтөрүп жатат. Көтөрүп эле тим болбостон алар көп учурда саясий өң-түскө да айланууда. Жакында «Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду» авто жолун курууга тоскоолдук кылбашын талап кылып Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылынын тургундары 27-март күнү митингге чыгышкан. Мүмкүн кимдир бирөө алардын чыгышын шарттаган. Себеби бул маселени учурда «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канат Исаев көтөрүп жатат. Ал эми маселе жакын арада же так бүгүн бир жаңсыл чечилүүнүн алдында турат. 6-мартта ведомостволор аралык түзүлгөн өкмөттүк комиссия  “Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду” авто жолун куруу боюнча мыйзам бузуу иштеринде Транспорт министрималабаев Аргенбай Малабаевдин жоопкерчилигин кароо боюнча өкмөт башчысына сунуш беришет. Ал эми өкмөт башчысы ушуну гана күтүп тургандай Транспорт министри Аргынбек Малабаевди кызматтан алуу үчүн президентке сунуш жолдойт. Ал эми президент Сариевдин сунушун четке кагат. Кыскасы 7 миллиард сомго бааланган жолдун курулушундагы акчага өкмөт кишилери өздөрү ачык кол салууга далалат жасаганы элге дайын болду. Малабаев Сариев менен өзүнүн орун басары Уезбаевди күнөөлөсө, Уезбаев менен Сариев Малабаевди күнөөлөшүп өкмөт өз ара бет тырмакы болуп жатып калышты. Албетте ким мыйзам бузууга далалат жасап себепчи болсо ал жогорку 7 миллиард сом менен бааланган акчанын 500 миңине же 1 миллионуна ээ болом деп ойлогон эмес. Бул жерде 100 миллиондогон сомдорду мойсоонун амалы турган. Эгер өкмөттүн кыңыр тендер өткөрүп, коррупциялык схема түзүп, бул ойлогону ийгиликтүү ишке ашса Жогорку Кеңештин айрым колдоо көрсөткөн депутаттарына да бир, эки миллиондон шыбага тийиши мүмкүн эле. Себеби билмексен, байкамаксан болуп унчукпай калуу деле кээде депутаттардын капчыгын толтуруп койгонуна күбө болуп эле жүрөбүз. Эч ким түбөлүк премьер-министр же министр болуп отурбайт. Ушундай тендерден эки, үчтү өткөрүп койсо ошол жетиштүү. Андан башка арман деле болбойт.

Жогорку Кеңеш менен өкмөт ортосундагы бул маселе боюнча талаш-тартыш учурда абдан күчөп жаткан учуру. Маселе эми ачыкка чыгып, бул боюнча маалымат Ак үйдүн сыртына чейин угулууда. Бийликтин бийик сересинде болуп жаткан бул иштер абдан эле кооптуу. Экономика сазга батып, сырткы карыз 4 миллиард долларга чукулдап калганда өкмөттүн коррупциялык түскө ээ болгон бул жоругу элдин бийликке болгон ишенимин ого бетер төмөндөттү. Ал эми ушунун ийне-жибине чейин иликтеп, алардын ак-карасын элге жеткирчү парламенттеги оппозициянын үнү угулбайт. Демек мындай иштер 6 жылдан бери бардык премьер-министрдин тушунда болуп келген. Жантөрө Сатыбалдиев июнь окуясынан кийин Ош жана Жалал-Абад облустарын калыбына келтирүүдө миллиарддаган сомдун дайнын таппай калышканын бир кезде Өмүрбек Текебаев  козгоп, диреция жетекчисинен кийин премьер-министр болуп келген Жантөрө Сатыбалдиевди кызматтан кетирүүгө аргасыз кылган. Тайырбек Сарпашев да биринчи вице премьер-министр болуп турганда бир топ тендер боюнча мыйзам бузуулар болгону айтылган. Бирок Сарпашевдин ишин кылдат иликтөөгө ал кезде Башкы прокуратурада ыктыярдуу ниет болгон эмес. Текебаев парламенттеги оппозицияны бекер жерден айыптаган жок. Себеби алар өкмөттөгү кыңыр иштерди ачыкка чыгарып, маселе катары көтөрбөй жатышат. Ишенимдүү булактардын бизге берген маалыматына караганда азыркы Сариев, Малабаевдер ызы-чуу болуп жаткан маселени да эң алгач Текебаев баамдап, өзү көтөрүп чыккысы келбей Канат Исаевге сунуштайт. Ушул окуянын тарыхы баяндагандай Кыргызстанда бийликтин жогорку сересиндеги болуп жаткан иштерди убагында байкап, топ кайда тоголонуп баратканын баамдаган эл өкүлдөрү суюлуп баратканын ырастады. Болбосо мындай иштерди эң башында эле оппозициялык фракциялар «тытып чыгып» ордуна коюп койсо боло турган иш эле.

Келдибек НАЗИРОВ

Булак: “Жаңы Агым”

Рита Карасартова, адвокат: «Кыргыз бийлигинде акылга сыйбаган жоруктар орун алып жатат»

Чынында Сариевдин  ишмердүүлүгүнө байкоо жүргүзгөнгө убакыт болгон жок. Ошондой эле премьерлер жумушка киришип жатканда кандай бир программа менен келсе, ал берген убадасын аткардыбы же жокпу деп карамакбыз. Азыр анын кызматтан кеткени  Президентке жана анын партиясына жагабы же жокпу дегенди эле болуп калды.  Айтайын дегеним, жакпаса мыкты кадр экенине карабай кызматтан кетиришет. Жакса,  эч бир программасын карабай туруп,  кызматка  алып келишет. Баарынан кызыгы, келет, кетип баратканда мага президент колдоо көрсөтпөй койду деп кетишет. Эл мындай мезгилде эмнени талап кылышын билбей калат. Анткени, айтканыңды аткар дейин десе, убада берген эмес. Иштебей койдуң десе президенттен колдоо болгон жок дешет. Айтор, кыргыз бийлигинде акылга сыйбаган жоруктар орун алып жатат.

Булак: “Майдан кg”

Эдил Байсалов, укук коргоочу: «Сариев өкмөтү элге жакшылык алып келген жок»

Темир Сариев премьер-министр катары: “балакайлык” кылып, реформа жасай алган жокпу?
-Темир Сариевдин бир жылдык премьердигин бааларда, биз ал киши беш жыл бою Экономика министри катары иштегенин эске салышыбыз керек. Мамлекетибизде ушул акыркы жылдары бир дагы жаңы өндүрүш-завод ачылган жок. Тескерисинче, иштеп аткан Реемстма өңдүү ишканалар жабылда. Кара-Балтада горнорудный токтоп калды. Кантта цемент-шифер дагы банкрот. Мына ЕАЭСке жакшы даярданып, баардыгын эсептеп таразалабай ңткөндүгүбүздүн кесепетин жалпы элибиз, ишкерлер тартууда. Киргенден бери улуттук экономикабыздан 5-6 миллиард доллар түздөн-түз зыян тийди. Базарда отурган миңдеген соодагерлер банкрот болду. Он миңдеген машине ташып келчүлөр сыздап отуруп калышты. Мунун жоопкерчилиги Темир мырзанын моюнга алыш керек. Өтө ойлонулбаган, шашма чечим, тышкы “браттарга” жагынабыз деп атышып, Атамбаев менен Сариевдин “жетишкендиги” ушунда. Мындан майда чүйдө суроолорду деле айтпай эле коеюн. Канча жылдан бери какшап ветеринардык жана фито-санитардык станциялар кана? Жок, эштеке жасалган жок. Технопарк, индустрия парктар жөнүндө канча кеп болду, эштеке жок. Күлкүмүштүүсү, мына былтыр кыдырып, алтын кен комбинаттарды ачымыш болушту эле: Талды-Булакта 600 килограмм алтын беришмек, эки кана килограмм берди. Эми бул 600 кило кумшекер эместа, туурабы? Бирөөсү дагы бул жөнүндө кашынып да койгон жок. Парламентте да бул жөнүндө суроо берип койгон жок. Мен экономика жагында бир эле канча маселени айттым. Бүгүн саясый баа бербей эле коеюн. Ансыз деле көрүнүп турбайбы: стабилдүүлүктү ким бузуп, түз жерден мамлекеттибизди ким чалып, жыгылтып жаткандары. Бул Атамбаев жана анын тегерегиндегилер. Эч кандай өнүгүү жок. Улуттук кызыкчылык экинчи эмес, онунчу планда. Ушулар менен чогуу үзөнгүлөш жүргөн Темир Сариев элге таарынбашы керек. Өзүңүздүкү эмес, башка бирөөнүн ырын ырдасаңызда, бирок элге өкмөтүңз жакшылык алып келген жок.
Булак: “Майдан кg”

Садыр Жапаров, экс-депутат: «Кийинки премьер министр деле куурчак болот»

Темир Сариев премьер-министр катары: “балакайлык” кылып, реформа жасай алган жокпу?

– Сариев колунан келишинче жакшы эле иштеди. Бирок баары бир парламенттен, президенттен көз каранды болгону көп иштерде колу- бутун бууп турду. Кийинки премьер министр деле куурчак болот.

Ошол үчүн эгер өкмөт көз карандысыз болуп, мамлекетти алдыга тартып кетсин десек, башкаруу системасын өзгөртүшүбүз керек. Анткени, өкмөт башчы жүз жолу алмашса да, эч нерсе өзгөрбөйт.

Булак: “Майдан кg”

Эркин Алымбеков, экс-депутат: «Сариев балакайлык кылды»

 

Темир Сариев премьер-министр катары “балакайлык” кылып, реформа жасай алган жокпу?
-Сариев Танаев,Усеновдорго караганда Сариев  өтө мыкты иштеди. Бирок азыркы кайра калыптанган көмүскө президенттик системада президент Атамбаев айткандай “ит үрө берет,кербен жүрө берет” дегендей  болуп калды.  Айтайын дегеним, мурдагыдай эле кайрадан калыптандырылган президенттик системада премьерге баа бериш кыйын. Анткени премьер, негизи ожогору жактан  түшкөн тапшырманы аткарган “балакай” десек болот. Сариевке такшалган саясатчы катары, ” балакай” болуп иштеп бергенге макул болуп, керек учурда  кыңк этпей кеткени үчүн канаатандырарлык эмес деген баа берем. Ал булардын шартына көнүп, саясый эрки жок, алсыздыгынын  далилдеп койду. 2010- жылдан бери «Кумтөр» маселесин коомчулук парламент талбай көтөрүп, Сариев Экономика министри болуп турганда Центерраны текшерүү боюнча комиссияны жетектеп, ал комиссиянын жыйынтыгында Центерра экология боюнча 5 млрд дол зыян келтирген деген жыйынтыкка кол коюп,бирок премьер катары ошону ишке ашырганга эрки жетпеди. Эгер «Кумтөрдү»  мыйзам чегинде эл тарапка чечип берсе, аны премьерликтен эч ким ала алмак эмес. Тилекке каршы, бул жерден Сариев  пендечилик же балакайлык кылды
Булак: “Майдан кg”

"Панамагейт": прокуратура Mossack Fonseca фирмасынын кеңсесин тинтти

Панама прокуратурсынын уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери Mossack Fonseca юридикалык компаниясын тинтүүгө алды. Компания “арам акчаны адалдоо” жана террордук ишмердүүлүктү каржылоого шектелип жатат.

Фирманын имараты бир нече саат аралыгында эле курчоого алынды. Панаманын Башкы прокуратурасы кабарлагандай, тинтүүнүн максаты ММКларга жайлып кеткен баяндамаларга тиешеси бар документтерди чогултуу болуп саналат. Панама өкмөтү каржы секторундагы өтө маанилүү болгон транспаренттүүлүктү камсыз кылуу үчүн баардык кадамдарга барууга даяр экенин билдири.

Mossack Fonseca болсо, баардык операциялардын мыйзамдуу экендигин, кардарлар үчүн офшордук компанияларды жана эсептерди ача тургандыгын, бирок алардын ишмердүүлүгүнө киришпесин ырастоодо. Юридикалык компания компьютерлери чабуулга кабылып, миллиондогон документтери уурдалып, жабыр тартып жатканын кошумчалаган. Документтердин жоголуп кеткендиги боюнча арыз беришкен. Дүйшөнбү күнү тергөөчүлөр келип, фирманын жумушулары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Журналист-иликтөөчүлөрдүн эл аралык консорциуму жана бир нече өлкөнүн гезиттери 3-мартта Mossack Fomseca фирмасына таандык документтерди коомчулукка жарыялаган. Натыйжада, көптөгөн өлкөлөрдүн жогорку даражалуу атка минээрлеринин, алардын туугандарынын, ишкерлер, спорт жана маданият кызматкеринин офшордо мүлкү бар экендиги аныкталган. Алардын арасында Орусияга тиешеси бар төрт фирманын аты аталган.

Мурат Жураев, экс-депутат: “Премьер-министр ким болсо, президент болчу мүмкүнчүлүгү чоң...”

 

-Мурат мырза, Темир Сариев кызматтан түшөр замат анын катачылыгы тууралуу түрдүү кептер айтыла баштады. Сиздин баамыңызда премьер-министрлик кызматты кандай аркалады?

-Мен Темир Сариев тууралуу жаман ойдо эмесмин. Ал Жантөрө Сатыбалдиевге, Жоомарт Оторбаевге салыштырмалуу  жакшы иштеди. Колунан келишинче жакшы демилгелерди көтөрдү. Болгону, анын жакшы демилгелеринин көпчүлүгү ишке ашпай, сөз боюнча калды.

-Сариевдин тагдыры президенттин партиясына жакпай калган үчүн ушундай чечилдиби же коррупциялык иштерге байланышы бар болгон үчүн ушул абалга кептелдиби?

-Сариев  Балыкчы-Корумду жолундагы тендерди жасалма жол аркылуу өткөрүп, техникасы жок болсо да Кытай компаниясына уттуруп жиберди. Коррупциялык иштерге жол берди деген доомат боюнча ага доомат коё албайм. Анткени, аны каралай турган колумда документ жок. Балким, Балыкчы-Корумду жолу аркылуу Сариевди жаманатты кылып, кызматтан түшүрүүнү көздөгөндөр ушундай ыкманы пайдаланып, аны премьерликтен түшүрүүнүн айласын издеп жаткандыр. Себеби, президенттик шайлоо жакындап калды. Президенттикке аттанчулардын арасында  ким премьер-министр болсо, анда   президент болуу мүмкүнчүлүгү чоң деген ишеним бар. Ошондуктан, президент болууну көздөгөндөр Сариевди жаманатты кылууга кызыкдар болуп, коррупциялык ишке тиешеси бар деген маалымат таркатып, кызматтан оодарууга аракет кылышты. Себеби, Сариевге алгач ошолор ишеним артпагандай коомдук пикир жаратып, аны акырындык менен өркүндөтүштү. Жыйынтыгында коррупционер деген доомат менен аны кызматтан кетүүгө аргасыз кылышты. Бирок, ким эмне десе да, Сариевге кандай доомат койсо да, бул жагдайдын чын бышыгына сот гана жетет. Анткени, Темир Сариев саясат үчүн ушундай жагдайга кептелип жатканын айтты.  Кыскасы, Сариев президенттик шайлоонун алдындагы интриганын курмандыгы болду. Себеби, ким премьер-министр болсо да, ал элге иштеп көрүнүп, президент болууга аракет кылып жатышат.

Сариев эми ким менен күрөшөт? Ал аягына чейин күрөшөм деди го?..

-Менимче, мени ээрден оодарып салдыңар. Мага кандай бут тосуп, жолтоо болсоңор да президенттик шайлоого катышам деген ой менен аягына чейин күрөшөм деген максатта  атаандаштарына кулак-кагыш кылды окшойт.

Сариев жакшы иштеди дейсиз? Кайсыл иштери менен элдин эсинде калды?

-Жакшы иштеди деп мен мамлекеттеги стабилдүүлүктү сактоого кошкон салымын айтып жатам. Ошондой эле башкаларга караганда чыныгы премьер-министрге жакыныраак иштеди. Реформа кылып, Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошкусу келди. Бирок,  ага азыркы система бут тосуп, баштаган иштерин аягына чыгарбай койду. Болбосо, Сариев башкаларга салыштырмалуу жакшы эле идеяларды көтөрүп, Кыргызстандын тарыхында мыкты премьер-министр болууга аракет кылды. Сариев, интриганын анан системанын курмандыгы болду.  Кыскасы, Парламент, президент да анчалык колдогон жок.

-Сиз болушунча Сариевди колдоп, анын таза экенине ишенгиңиз келип жатат. Бирок, Сариевдин  коррупцияга тиешеси жок болсо,  Балыкчы-Корумду жолундагы коррупциялык системага тууралуу министр  Малабаев  айтып чыкмак эмес да…

-Анын коррупциялык системага тиешеси бар  деп бир беткей каралай албайм. Ал азырынча доомат гана. Анын коррупционер экенин далилдеген документтер ачыкка чыга элек. Баары жабык эшик артында талкууланып жатат. Ошол жагын эске алып,  Сариев  интрига менен азыркы өз алдынча иш кылууга мүмкүнчүлүк бербеген системанын курмандыгы болду окшойт деген ойго кептелип жатам. Ошондуктан, ал коррупциялык ишке тиешеси жок деп ишенгим келет. Эгер сиз айтмакчы тиешеси бар экени аныкталса,  анда ичип-жеген премьер-министрлердин катарын толуктайт. Эгер таза болсо, мыкты премьер-министр бойдон калат. Негизи адамды адамга салыштыруу менен анын артыкчылыгы анан кемчилиги байкалат. Сариевдин жакшы же жаман иштегенин кийинки келген премьер-министр далилдейт деген ойдомун.

-Ким премьер-министр болушу мүмкүн? Премьер-министр болгусу келгендердин катарын Канат Исаев, Иса Өмүркулов Чыныбай Турсунбеков, Сооронбай Жээнбековдордун аттары айтылып жатат го?

-Азыр ким премьер болсо, ал келечектеги президент болом деген адам болот. Анткени, президенттик шайлоого убакыт аз калды. Кимисинин ташы өйдөлөп, премьер-министр болсо дагы бир жарым жылдын ичинде жакшы иштеп, элге мыкты президент боло тургандай таасир калтырууга аракет кылышат.

-Жанатан бери Сариевдин таламын талашып. Ал тууралуу жакшы ойлоруңузду ортого салдыңыз. Ишке ашпай калган демилгелери үчүн аны мыкты премьер-министрлердин катарына кошушубуз керекпи?

-Туура айтасыз, көрүнө турган иштер деле жасалган жок. Бирок, аракеттери болду. Өкүнүчтүүсү, бирөө да ишке ашкан жок. Тынбай жер-жерлерди кыдырып, иштөөгө жөндөмдүү премьер-министр экенин көрсөттү.

Анын көтөргөн демилгелери ишке ашпаганы президенттен колдоо болгон жок дедиңиз. Бирок, башында Сариев менен президенттин сөзү бир жерден чыкчу эле го?

-Президент эле эмес, парламенттен да колдоо болбогону үчүн Сариев ушундай абалга кептелди деп ойлойм. Анткени, башында президент колдомуш болгону менен кийин сыртын салып калган. Ошон үчүн анын жакшы демилгелерин  парламент да колдогон жок. Сариев колунан келишинче ишкерлерге шарт түзүүгө, ашыкча текшерүүлөргө тыюу салууга аракет кылды. Өкүнүчтүүсү, анын баары ишке ашпай куру сөз бойдон эле калды. Чиновниктерди, бюрократтарды  азайтам деген аракети да суу кечкен жок.

-Темир Сариевди коррупциялык ишке тиешеси бар деп айткан Малабаев да кызматтан четтетилиши керекпи? Же Сариевди буттан чалганы үчүн ага чоң кызматтын бири берилеби?

– Ал маселенинин чын бышыгын сот анан парламенттик комиссия аныктайт. Документтер колубузда жок болгон үчүн Сариевди же аны айыптаган Малабаевди бир беткей каралай албайм. Балким Сариевди кызматтан кетириш үчүн Малабаевди бирөөлөр жалдагандыр. Же чындап эле Малабаев ачуу чындыкты айтып жаткандыр. Эмнеси болсо да  катачылык кимисинен кеткенин убакыт көрсөтөт. Бирин каралап, бирин актабай сабыр кылып турсак, жакынкы күндөрү  бул маселе  ачыкка чыгат. Анан Сариевдин да, Малабаевдин да тагдыры чечилет. Малабаевдин айтканы чын болсо, сөзсүз ташы өйдөлөйт же ал эмгеги башка нерсе менен өлчөнөт.

Парламенттик комиссиянын башчысы Кубанычбек Жумалиев “биз Сариевди кызматынан кетсин деген эмеспиз”- деп жатат. Анда Сариевди кызматынан баш тартууга кимдер аргасыз кылды?

-Сариевди кет деп Чыныбай Турсунбеков, Канат Исаев жана Иса Өмүркуловдор айткан. Алар президентке кирип, кандай тапшырма алып чыкканын билбейм. Бирок, Сариевге ишеним артпоо маселесин тымызын көтөрө башташкан. Балким, президент да Сариевдин кетишин колдоп, ошолордун оозу менен акырын айттыра баштагандыр…

-Эгер Малабаевдин айтканы чын болсо, Сариевди ушул кызматка койгон КСДП да жок дегенде моралдык  жоопкерчиликти тартыш керекпи?

-КСДПны да жоопко тартыш керек. Анткени, Сариевди жерге, сууга тийгизбей  макташып, ошол кызматка башка фракция эмес, КСДП көрсөтпөдү беле. Ошон үчүн Сариевге ишеним артып, анын талапкерлигин көтөргөнү үчүн КСДПны да жоопкерчиликке тартып, мындан ары президентке же КСДПга гана жаккан талапкерлер эмес, башка партиялар колдоого алган талапкерлер премьер-министр болсун деген маселе көтөрсө да болот.

Чынайым Кутманалиева   

Булак: “Майдан кg”

Тажиктер менен кыргыздар чек ара картасын “оңдоп-түзөп” жатышат

Тажикстан менен Кыргызстандын өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ эки өлкө ортосундагы чек аранын айрым талаштуу тилкелерин тактап, аларды атайын топографиялык картага түшүрдү. Дүйшөмбүдө жалпы чектерди демаркациялоо туурасында маселе талкууланды.

Тажикстандын Жер түзүлүшү жана геодезия боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Азизмахмад Каримзоданын айтымында, жумушчу топ макулдашылган чек ара тилкелерин акырындык менен атайын топографиялык картага түшүрүүдө. «Кыргызстан менен Тажикстандын бул маселе боюнча өз пикирлери бар. Ошондуктан адегенде талкуулап туруп, анын гана чек ара сызыгын картага түшүрүп жатышат. Бул жараян азыр уланууда жана жакын арада жумушчу топ дагы жолугат”, – деди Каримзода.

Топографиялык жумушчу топту тажик тараптан Согди облусунун төрагасынын орун басары Рустам Рахматзод, кыргыз тараптан – аппарат жетекчисинин биринчи орун басары, КР өкмөтүнүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров жетектейт.

Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын узундугу 971 чакырым болгон тилкеси тактала элек. Азырынча 520 чакырымы гана демаркацияланды. Мындан улам көп учурларда чектеш аймактардагы тургундардын ортосунда суу менен жер тилкесин колдонууга байланышкан чыр-чатактар көп болот.

Президент Алмазбек Атамбаевдин ушул жылдын май айында Дүйшөмбүгө иш сапары менен барары күтүлүүдө. Тараптар анын жүрүшүндө чек ара маселеси боюнча эки өлкө ортосунда макулдашылган келишимге кол коюларына үмүттөнөт.

Кыргызстан 1958-жылдагы картаны негиз кылса, Тажикстан 1924-1927-жылдардагы карталар менен документтерге таянып, чек ара маселесин чечүү кечеңдеп келет.

БУУ жаңы башкы катчыны издөөдө

Шейшембиде Башкы Ассамблеянын мүчөлөрү БУУнун тарыхында алгачкы ирет БУУ Башкы катчылыгына талапкерлерди караган угууларды өткөрмөкчү.

Отурумда БУУ башчылыгына талапкер болгон тогуз адамдын үчөөсү: Черногориянын тышкы иштер министри Игорь Лукшич, БУУнун Качкындар иши боюнча мурдагы Жогорку комиссары Антониу Гутерреш жана ЮНЕСКО жетекчиси болгариялык Ирина Бокова чыгып сөз сүйлөштү.

Орусия үчүн Бокованын талапкерлиги жагымдуу болуп саналат. Москва БУУнун кийинки Башкы катчысы Чыгыш Европанын өкүлү болушу керек деп эсептейт. Талапкерлер ири эл аралык уюм келечекте кандай өнүгүшү керектиги туурасында көз карашын билдиришти. Салтка ылайык, Башкы катчылыкка талапкерди БУУ Коопсуздук кеңеши жабык отурумунда талкуулап, анан БУУ Башкы Ассамблеясына сунуштоосу керек эле. Бирок былтыр Башкы Ассамблея эрежелерди өзгөртүп, талапкерлерге өз резюмелери менен кошо расмий түрдө арыз менен кайрылууну сунуштаган.

Угуулар учурунда сөз сүйлөө – талапкерди тандоо этаптарынын бири. Анткен менен акыркы чечимди БУУ Коопсуздук Кеңеши кабыл алат. Ал талкуулоо ишин июлда баштайт. Талапкерлердин катарында Словениянын мурдагы премьер-министри, Молдавия, Хорватия, Македониянын мурдагы тышкы иштер министрлери, Жаңы Зеландиянын мурдагы премьер-министри бар.

Жалал-Абадда тажик жүргүнчүлөрүнө кол салуу болду

Тажикстандын кичи автобусуна Жалал-Абад облусунда кол салуу болду. Унаада 18 жүргүнчү бар болчу. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка карганда, чет элдик жарандар Тажикстандан Орусияга бара жаткан. Жолдо жүргүнчүлөр унааны токтотууну суранышкан. Бул маалда кичи автобустун ичине бет капчан төрт адам кирип, пистолет менен коркутуп, баарын сыртка чыгарып, көмкөрөсүнөн жерге жаткырышкан.

Жүргүнчүлөрдүн багажын оодарып, кылмышкерлер 100 миң сом алып качып кетишкен.

ИИМ билдиргендей, бул ишке тиешеси бар деген шек менен төрт жаран кармалды.

Асылбек Жээнбеков спикерлик кызматтан кетти

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков кызматын тапшырды. Бул туурасында ал парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Асылбек Жээнбеков бир тууган агасы премьер-министрликке көрсөтүлүп жатканына байланыштуу ушундай чечимге келгенин айтты.

Сооронбай Жээнбековдун өкмөт башчылыкка талапкерлигин баардык фракциялар колдогон

Мыйзам боюнча бир туугандар бир учурда негизги мамлекеттик бийликтерди башкарууга укугу жок.

Убактылуу Жогорку Кеңештин жыйындарын вице-спикер Нурбек Алимбеков алып барып турат.

Расул Үмбөталиев, эксперт: “Сариев баштаган өкмөт эң чабал жана мажирөө өкмөт болду”

Энергетика маселелри боюнча эксперт Расул Үмбөталиев менен Темир Сариевдин иштен алынышы, ал өз кызматын кандай аркалаганы боюнча баарлашып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык.

-Расул мырза, кечээ кызматынан кеткен өкмөт башчы Темир Сариев өз кызматын кандай аркалады? Элдин эсинде эмнеси менен калды?

-Мен Темир Сариевди мыкты иштеди, иш билги премьер болду. Кыргызстанды өнүктүрүүгө салым кошту  дегенден алысмын. Анткени, Сариев  премьер-министр болгону эл ого бетер кризиске батты. Кыш жылуу болгону менен карапайым калк  кыйынчылыкты ченебей тартты. Айтайын дегеним, ал башында туруп, Кыргызстанды үгүттөп киргизген Бажы биримдиги, Евразиялык биримдик ал ойлогондой жакшы жыйынтык берген жок. Ал элди ынандыргандай дыйкандар өндүргөн жашылча жемиш жогорку баада өткөн жок. Дыйкандар өндүргөн продукциясын жакшы баада сатмак турсун, өтө арзандап кетип, мээнетибиз кайтпай калды деп капа болуп жатышат. Евразиялык биримдикке кошула коюп, бюджетти толуктап турчу салыктардан кол жуудук. Кыскасы, Сариев башында турган иштин пайдасынан зыянын көп тарттык. Эмнегедир жалындуу сөздөрдү сүйлөп, элдин турмушун жеңилдетип жиберчүдөй сүйлөгөн Сариев  электр энергиясын кымбаттатууга аракет кылды. Тоолуу райондордогу жеңилдиктерди алганга ниет кылып, элдин турмушун жеңилдетмек турсун оорлоткон токтомдорду, чечимдерди  чыгарды. Эл нааразычылыкка чыкканда гана кызматымдан кол жууп калбайын деп баштагы чечимин жокко чыгарып, мурдагысы бойдон калтырды. Анын мына ушундай аракеттери Сариев мыкты менеджер, иш билги инсан деген тыянакты жокко чыгарды. Ал турсун реформа да жасаган жок. Элди кыдырып, иштеп жаткандай таасир калтыруу менен гана алек болду.

Балким, бул нерсенин баары башка адамдын каалоосу менен болуп, жыйынтыгында аны аргасы жок ишке ашырган Сариев күнөөлүү болуп жаткан жокпу?

-Мен антип айткандан алысмын. Анткени, ошондой иштердин башында президент турса да, Сариевдин оозу менен айттырды. Сариевдин акылы болсо, элге каршы чыккан иштерден оолак болсо болмок. Себеби, Сариевдин катачылыгы үчүн башка бирөө жооп бербейт. Ошон үчүн Сариевдин жакшы жаман ишине КСДП фракциясы эмес, өзү жооп бериши керек. Айтайын дегеним, КСДП Сариевге ишеним гана артты. Ал иштеди. Ишинен жакшы жыйынтык бере албаганы үчүн өзү жоопкерчилигин тартышы керек.

-Көп нерсенин баарын Сариевдин колу менен жасатып, президент Сариевди садага чаап жаткан жокпу?

-Андай   болсо, кызмат убакытылуу экенин, эртең эле ээрден шыпырылса кантип эл аралайм деп ойлошу керек эле. Президент туура эмес багыт берсе да аны сооротуунун жолун таап, “Кумтөр” маселесин чечип, электр тармагын эпке келтирип, мыйзамсыз иштеп жаткан тармактарды тескеши керек эле. Ошондой эле чек ара маселесин да чечип, бири бирине каршы  чечимдерин  чыгарбашы керек эле. Ошон үчүн жаман иштеген премьер-министр катары элдин эсинде калды. Айтайын дегеним, электр тамагында деле жарытылуу иш кылган жок. Отун энергетика министрлигин жоюп, улуттук энерго түзүлгөн холдингди да тескеген жок. Талаада калды. Энерго холдинг  Жогорку Кеңештен колдоо таппаса да, мыйзамсыз иштеп жатат. Энергетика тармагы талаада калды.  Кыскасы, Сариев эле эмес, Сариев баштаган өкмөт эң чабал жана мажирөө өкмөт болду.

– “Ал абийирин сактап калыш үчүн кызматтан кетип, аягына чейин күрөшөм”- деди. Ал ким менен кантип күрөшөт?

-“Мен өзүмдү акташ үчүн аягына чейин күрөшөм” деди. Балким, анын да өз чындыгы бардыр.  Макул Сариев Балыкчы –Корумду жолу боюнча караланып жатат дейли.  Бирок, премьер-министр катары жарытылуу эч нерсе кылбаганын, баштаган  ишинин  аягына чыкпаганын элдин баары эле билет да. Башкасын айтпаганда дагы  мамлекеттик кызматкерлерди кыскартам деген сөзү иш жүзүнө ашпай, сөз боюнча калды го.

Балким, ар кошкон фракциядан түзүлгөн өкмөт болгон үчүн премьер-министрлер бат алмашып, ишинин  жыйынтыгы жакшы билинбей жаткандыр?

-Антейин десек, премьер министрге министрлер баш ийбегени үчүн ким күнөөлүү? Министрлердин башында тургандан кийин аларды алдап-солдоп иштетип, ишинен жакшы жыйынтык берүүгө аракет кылышы керек болчу. Министрлерди эптей албаган Сариев бүтүн мамлекеттин жүгүн кантип көтөрмөк эле. Ошон үчүн анын кызматтан кеткени туура эле болду.

-Акыркы жылдары премьер-министрлердин отчётун укпай эле эптеп  ордун бошотуп бергенине кубанган көрүнүш орун ала баштады. Буга ким күнөөлүү?

-туура айтасыз. Бул иштен мындай катачылык кетирдиңиз. Тигил иштен тигиндей артыкчылыкка жол бердиңиз деп премьер-министрдин ишин тескемек турсун анын отставкага кеткенине кубанган чиновниктердин  көптүгүнөн премьер-министрлик кызматтын баркы түшүп, деңгээли төмөндөп кетти. Ага кетип жаткан премьер министр эмес. Ошол кырдаалды жаратып, ошондой окуяга жол бергендер күнөөлүү. Айтайын дегеним, көп учурда премьер министрлерди кызматтан кетирүүгө аракет жасалганда “Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” же болбосо, менден премьер-министр кыйын болуп кетпесин деген саясат орун алат. Ошон үчүн отчётун угуудан мурун премьер-министрди ээринен оодарып салууга аракеттер жасалат.

Премьер-министр ишинен жакшы жыйынтык болуш үчүн сөзсүз президенттин колдоосу керекпи?

-Керек десек да болот. Сариевди президент жакшы эле колдоду. Акыркы үч айда эле Сариевге сыртын салып калбаса, көп учурда экөөнүн сөзү бир жерден чыгып жатканы, бир баштан жака, бир жеңден кол чыгарып эле иштеп жатышкандай сезилчү. Тагдыр экен минтип ээрден кантип шыпырылып түшүп калганын да билбей калды.

Аны жакындан билгендер Сариев интриганын эле курмандыгы болду деп жатышат го?

-100 жолу интрига болсо да,  Сариев мыкты болсо өзүнө сак болуп,  катачылыкка жол бербеши керек эле. Ишинен майнап чыгарууга аракет кылып, элге жакын болушу керек болчу.  Анткени, президенттик шайлоо жакындап калганда президент болгусу келгендер Сариевди эбак эле ээрден оодарып салууну көздөшкөн.  Азыр ошол күтүлгөн эле нерсе болду. Анткени, президент болом деген дымагы бардын баарынын көзүнөн премьер-министрлик кызмат өтүп жаткан. Эми анын ордуна кыялында президент болгусу келгендердин баары аракет кылат. Мен Сооронбай Жээнбековдун аты аталып жатканын кулагым чалды. Губернатор болуп иштеп жыргата албаган адам кантип премьер-министр болот дейм да.

Чынайым Кутманалиева 

Булак: “Майдан кg”

Акыйкат издеген карыя…Өздөн чыккан жат жаман…

 

арызРедакцияга жашы сексенден ашып калган аксакал адилеттик издеп арызданып келиптир. Бул карыя — Панфилов районунун Каптал-Арык айылынын тургуну Шаки ИШАЕВ. Ал өзүнүн  мээнеттенип тапкан олжосун алдырып ийип, эми анын акчасын кайтара албай убарада калганын айтып кайгырды. Анда эмесе, сөздү өзүнүн айтып берген баянына буралы. 

аксакал— 2013-жылдын 15-августунда, азыркы жашап жаткан үйүмөн (Панфилов району, Каптал- Арык айылы, Центральная №114) уруулаш тууган иним  Жумабаев Куванбек Кулжанович 150 кап кызылча кантын (кумшекер) сатып алып кеткен. Анын баасы 470 000 (төрт жүз жетимиш миң) сомду түзөт. Бирок Жумабаевдин каражаты толук түрдө  жетиштүү болбогондуктан, “канттын акысын эки күндө тындырам” деген.  Жумабаевдин жеке менчик бизнеси бар болчу жана анын өзөгүн түзгөн товары Казакстан менен Кыргызстан чектешкен бажыканада кандайдыр бир себептерден улам кармалып жаткандыгын айткан. Берилген убада боюнча товары бажыдан чыгаар замат кумшекердин акчасынан кутулмак. Бирок анын эки күнү эки айга созулат.

Ишенимим түгөнгөндө Куванбектен тил кат жаздырып алгам. Ал тил каттын негизинде кийин Жайыл райондук сотуна арыз менен кайрылууга аргасыз болдум. Жайыл райондук соту менин арыз ишимди колго алып, сот отурумун түзгөн. Бирок К.Жумабаев сот отурумуна катышпай, келбей койгон.

2015-жылдын 28-январындагы Жайыл райондук сотунун чечиминде: “Жумабаев Куванбек Кулжановичтен  Шаки Ишаевдин пайдасына 470 000 сом өндүрүлсүн” деген чечим чыккан. Бирок ал чечим аткарылбагандыктан жана Жайыл райондук сотунан майнап чыкпагандыктан, адилеттик издеп көптөгөн эшиктерди каккылап жардам сурадым.

Жумабаевдин  мыйзам чегинде жоопко тартылбай, жоопкерчиликтен четтетилип жаткандыгы күмөн ойлорду туудурат. Кийинчерээк Жумабаев мага “Милдеттеме” берген. Ал милдеттемеде: “Мен, Жумабаев Куванбек Кулжанович, Ишаев Шаки экөөбүз өз ара сүйлөшүп ар бир айдын 27 числосунда 15000 ( он беш миң сом) төлөп 2016-жылдын август айында толугу менен кутулам деп убада берем. Ишаев Шаки ушул сүйлөшүлгөн келишимге макулдугун берди, сот аткаруучунун көзүнчө. 29.09.2015-жыл” деп жазган. Экөөбүз ага кол койгонбуз. Бирок мага бериле турган 470 000 (төрт жүз жетимиш миң) сомдун 98 000 (токсон сегиз миң) сому гана берилди. Ушул милдеттеме боюнча Жайыл райондук сотуна экинчи ирет кайрылдым.

Баарынан да күйдүргөнү, Жайыл райондук соту кийин кайра “сиздин каттооңуз Панфилов районунда экен, ишиңизди ошол жактан каратып бүтүрүңүз”  деген кайдыгер сөзү болду. Бири  “жоопко тартылсын” деген буйрук чыгарып, экинчиси “кам санабаңыз, Куванбек Жумабаевдин кашарын, жерин сизге алып беребиз” деп мени 2013-жылдан бери сүйрөп, анан кайра районуңуздан бүтүрүңүз деп Жумабаевдин жоопко тартуудан эмнеге качып жаткандары белгисиз. Же, колтук ичи сүйлөшүп алышканбы деген да ой кетет экен.

Жакындан таанып, катышып жүргөн эле уруулаш иним мени ушундай абалга калтырат деп ойлобоптурмун. Ошол жылы иштеткен талаабыздагы түшүмүбүз  жакшы болду деп сүйүнүп жүргөнбүз, дары-дармегибизге, оокат-тиричилигибизге кенен жетет деп көңүлүбүз жибип калды эле. Минтип алдап, канжар ургандай эле кылды. Ага абдан ишенгенимдин дагы бир себеби, Куванбек Жумабаевдин атасы Красновосточный айыл өкмөтүндө аксакалдар соту. Менимче, эң эле чынчыл, жоопкерчиликтүү адам. Азыр өзүм алданып, укугум тебеленип, чынчылдык издеп жатканда алар тууралуу  сөз айтканга аргасызмын.

Өз маңдай терим менен тапкан эмгегиме ээ болбой калганыма каңырыгым түтөп, аргам кетип жатат. Азыркы учурда оорукчан байбичем экөөбүз пенсия менен күн көрүп жатабыз. Ушул жашка келип калганда ак эмгегимди жеп кеткен, өз кызыкчылыгын ойлогон Куванбек Жумабаев акыйкат алдында жоопко тартылуусу керек. Жайыл райондук сотуна бара берип да көңүлүм їч көчкөн журттай калып калды.

Р.S. Макала жарык көргөндөн кийин  пайгамбар жашына келген аксакалдын бул иши кайрадан тиешелүү органдар тарабынан иликтенет деген ишенимдебиз.

 З.КАПАРОВА

Булак: “Жаңы Агым”

КМУ ажатканасына чейин жарактан чыкканбы?

 

Мындан эки ай мурда Кыргызстандагы ЖОЖдордун флагманы аталган (иш жүзүндө коррупция, трайбализм гүлдөгөн) Ж.Баласагын атындагы КМУнун проректору ме­нен башкы бухгалтери ИИМдин 5-башкармалыгынын кызматкерлерине ири суммада пара сунуштагандыгы үчүн кармалган бол­чу. Алар байкуш студенттердин ата-энелери акыркы уюн сатып төлөгөн окуу акысын бюджетке которбостон, коммерциялык банктар аркылуу айлантып, оңбогон үстөк акча алып турушкандыгы ачыкка чыккан. Натыйжада мамлекеттин казынасына ири суммадагы каражат түшпөй калган. Бирок баарынан кызыгы, ушул “ва-банк” операция тууралуу ректор Ч.Адамкулованын кабары жок болуп чыкты.

Ал азыр да “төө көрдүңбү жок, бээ көрдүңбү жок” болуп иштеп жүрөт. Бул аралыкта университеттин айрым факультеттериннн жетекчилери кайдагы бир практикада жок реформа, инновациялык жетишкендиктерди айтышып, маалымат жыйынын өткөрүшүүдө. Андан көрө алар окуу корпустарынын авариялык абалын, ауди­тория жетпеген студенттердин залда сандалып жүрүшкөндүгүн, башканы кой, башкы корпустун ажатканасын кантип оңдоо туу­ралуу айтышса болмок. Чынды­гында контракт акчаны айлантуу жана башка коррупциялык көрүнүштөр бул окуу жайда “салтка” айланып калган.

Булак: “Майдан.кж”

Темир Сариев бир ок менен эки коён аткандай жеңишке жетиштиби?

Өткөн жумада өлкөбүздүн саясый айдыңында өкмөт башчы Т.Сариев менен транспорт жана коммуникация министри А.Малабаевдин ортосундагы тендер чыры бүйүр кызытып, кульминациялык чегине жетти. Көрсө, Бишкек-Манас жана Балыкчы-Корумду жолдорунун курулушуна жумшалган жети миллиард сом акчага кимдир бирөөсүнүн кызыкчылыгы болуп, жеңүүчү компания жең ичинен тандалган экен. Бирок бул жуманын башында Т.Сариев жеңилгендигин моюнга алдыбы же “таза кетейин” дедиби, айтор отставкага кетүү тууралуу билдирүү жасады. Анткен менен коомчулук да, эксперттер да баардыгы жабыла негизги чырдын себеби болгон жол курулушундагы коррупцияны унутуп коюшуп, бул хансарай оюну, болгондо да 2017-жылы болуучу президенттик шайлоого даярдык экендигине басым жасашууда. Кай жагынан алып караганда да эми экс-премьер-министрге айланган Т.Сариев бир ок менен эки коён аткандай жеңишке жетишти. Анткени биринчиден, сот жообуна тартылбай, таза чыкса, келерки жылы боло турган президенттик шайлоого саясый упай топтоого жетишти. Чындыгында азыр экономикалык кризиске капталып, баштаган иштери (кыймылсыз мүлк, автотранспорт камсыздандыруусу, ипотекалык ком­пания) “банкрот” болуп жаткан өкмөттүн абалы оор эле.  
Булак: “Майдан.кж”

Жогорку соттогу Канат Турганбеков кызматтан кетти...

“Майдан.кж” гезитинде жарык көргөн “Кылмыштуу топтун “өкүл атасы” Канат Турганбековбу?”- аттуу Качкынбек Булатовдун макаласы чоң талкууну жаратты.

Эске салсак, КРнын Жогорку Сотунун мүчөсү, Жогорку Соттук кеңештин төрагасы Канат Турганбеков бир катар резонанстуу кылмыш иштерине кириптер адамдардын акталышына “салым” кошкону айтылган. Анын бир катар кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүн “актоого” жасаган далалаты жөнүндө  макалада сөз болгон. Кечээ болсо мака­ла автору бизге кыска ыраазычылык жөнөттү: “Сиздердин гезитти жарыяланган макаламдан кийин КР Жогорку сотунда аябай катуу талкуу болуп, бул чыр жогорку жактардын да тынчын алды. Жыйынтыгында Канат Турганбековдун чыныгы жүзү ачылып, кызмат­тан четтетилди. Чындыкты көздөгөн гезит редакциясына ыраазычылык айтып коюу биздин милдет”.

Булак: “Майдан.кж”

Жээнбековдор күүлүү-күчтүү!

Премьер-министрлик орун бош. Адатынча май талкан орунга жулунган адам көп бо­лот. Буга чейин бошогон орун­га көз арткандар арасында аукцион болуп кетчү. Бу сапар Ак үй андайга жол бербеди. Алдыда – президенттик шайлоо. Ошондуктан, премьерлик кызматка жогорку даражалуу төбөлдөр жактырган адам га­на олтуруп, ал президенттик жарышты татыктуу өткөзүп, мураскерге жол ачышы керек.

Кыргызстанда түндүк-түштүк балансы сакталып турушу керектигин көптөн бери айтышат. Ошого байланыштуу кийинки президент туштүктөн болушу керектиги көп талкууга алынды. Ошону эске алганда, Ак үйдөгү түштүктүк үлкөн фигурага Атамбаев “ставка” жасап атканы айтылууда. Ким экени жашыруун турсун.

Ошол эле учурда Атамбаев кыйын, оор шарттарда дайым жанында болгон Жээнбековдорго байланып, алар менен акылдашып калганы дайын. Макулдашкандары боюнча Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болот. Кызматтык этикага бай­ланыштуу анын иниси – спикер Асылбек Жээнбеков кызматтан кетет. Депутат болуп кала бе­рет. Кыскасы, Кыргызстандын тагдыры ушинтип Жээнбековдордун колуна түштү. Дагы бир Жээнбеков элчи кызматын аркалап атканын унутпайлы. Биз үй-бүлөлүк башкарууга каршы эмеспиз, эгер ал элге зыянын тийгизбесе. Чектен чыга баштаса, эл айтаар…

 

Булак: “Майдан.кж”

"Унгар-Тоо" чатагы боюнча садагага чабылчу сары улак табылды

Мамлекеттик чегараларлы делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын мурдагы төрагасы Саламат Алмановду Унгар –Тоо чатагына күнөлүү кылуу аракети жасалып атат. Бул тууралуу чегара маселеси боюнча экс-вице-премьер-министр Токон Мамытов журналисттерге билдирди.

“Жакында маалымат каражаттарынын бирине Унгар-Тоо боюнча материал чыкты. Ага 2006-жылдын 20-сентябрындагы өкмөт тарабынан чыгарылган №20 протокол тиркелген. Протокол толук жарыяланбаптыр, башы менен менен аягы эле жүрөт, ал жерге Аламановдун колу коюлуптур. Мындай документ тийиштүү мекемелер жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу бийлигинин бардык мүчөлөрү менен макулдашуудан кийин гана кол коюлат. Бирок, ага карабай, макалада Аламановдун колуна гана басым жасалыптыр. Ошондуктан, мен бул иш атайын жасалып, бир адамга айыпты жаап салууга жасалган аракет деп билдим”, – деди Токон Мамытов.

“Аламанов Унгар-Тоо турган жерди талаш аймакка киргизип акылдуулук кылган”, – деген Мамытов анын кемчилиги катары тоонун чокусундагы телемунараны Өзбекстандын аймагында жайгашкан деп караганын билдирди.

“Бул анын жалгым катачылыгы. Ошол комиссиянын бардык мүчөлөрүн жазалаш керек, жалгыз гана Аламановду эмес. Мен ал кишини коргоп аткан жерим жок, аны тааныбайм дагы, мен муну калыстык үчүн айтып атам”, – дейт экс-вице-премьер-министр.

Булак: “Майдан.кж”

Назарбаев иран бизнесмендерин Казакстанга чакырды

Иран компаниялары менен болгон жолугушууда Тегеранда иш сапары менен жүргөн Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев бизнесмендерди Казакстанга инвестиция салууга чакырды. Ошондой эле Иранды Казакстан менен Түркмөнстан аркылуу байланыштырган темир жолдун дараметин активдүү колдонууну сунуштады.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууга 20дан ашуун компаниянын өкүлдөрү катышкан. Алар энергетика, айыл чарбасы, курулуш жана тоо-кен өндүрүшү тармагында иш алпарат.

Нурсултан Назарбаев Казакстан Евразия Экономикалык биримдигине мүчө экендигин, альянс алкагында иран компаниялары бажы төлөмдөрүсүз соода-сатык жүргүзүү аларын белгиледи. Андан тышкары Казакстан инвесторлор үчүн субсидияларды жана салык жеңилдиктерин бере ала тургандыгына ишендирип кетти.

Назарбаевдин айтымында, казак тарап Иран менен медицина, биотехнологиялар, агроөнөржай комплекси, космостук технологиялар жаатында кызматташуга кызыкдар.

Казак президенти Тегеранга эки күндүк иш сапары менен дүйшөмбүдө келген. 11-апрелде ал Ирандын президенти Хасан Роухани жана Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи менен жолугушкан.

Европаны жалгыз кыдырган Нуржан ийгилик сырын бөлүшөт

Учурда баардык адамдар ийгиликти издеп эңсешет. Бирөө үчүн ийгилик Кудай берген белек болсо, айрымдар үчүн ийгилик эмгек акысы сыяктуу нерсе. Кандай болбосун баарына керектүү болгон “ийгилик формуласы” учурда көпчүлүк үчүн сыр. Ар бир ийгиликтүү адамдын өзүнүн “ийгилик формуласы” бар, бүгүнкү маегибизде дал ушундай адамдарга көп жолугуп  алардын “формуласын” жакындан изилдеп, эл менен бөлүшкөн өзгөчө замандашыбыз Нуржан ТАШБОЛОТ кызы “Ийгилик сыры” теледолбоорунун алып баруучусун кепке тарттык.

 — “Ийгилик сыры” долбоорунда сиз көптөгөн ийгиликтүү адамдар менен жолугасыз. Алардан өзүңүзгө пайдалуу нерсе алдыңызбы? Алардан кандай сырларды үйрөндүңүз?

нуржан4— «Ийгилик сыры» долбоорун алып барып жатканыма бир жылдын жүзү болду. Албетте, абдан акылдуу, кесипкөй, өз ишин мыкты билген менеджер, бизнесмен, чыгармачыл адамдар ошондой эле медицина тармагынын өкүлдөрү менен баарлашып келе жатам. Мен үчүн ар бир адам менен маектешүү, ал адам тууралуу элге айтып берип, адамдык сапатын ачып берүү абдан кызыктуу. Бирок ийгиликтүү,  бай адамдар менен баарлашуу кыйын. Себеби, сырын ачып, маек кургандан тартынышат… Ар бир кишинин өзүнүн өзгөчөлүгү бар деп айтат элем. Бирөө аракетчилдиги менен өзгөчө болсо, экинчиси акылы, дагы бирөө  жашоосунда берилген шансты кармап калып ошондон ийгиликке жеткен. Адам баардык нерсеге жетишет экен. Аял болобу, эркек болобу каалоо болсо ишке да, үй-бүлөгө да, өзүнө да кам көрүүгө, элге кызмат кылганга дагы жетишет. Мен ушундай ийгиликтүү адамдар менен маектешип жүрүп, каалоо менен аракет болсо баардык адам ийгиликке жетишээрин түшүндүм. Анан эң башкысы тырышчаак жана чыдамкай болуш керек экен. Дээрлик баардыгы кыйынчылыкты башынан өткөргөндөр. Ошондуктан айтылат го Жараткан бир эшигин жапса, сөзсүз экинчисин ачат деп. Үмүт, алдыга туура максат кое билүү анан чыдамкайлык менен баарын жеңсе болот. Бул жерде адамдын пейили дагы роль ойнойт дээр элем. Бирөөнө карасанатай болбой кечиримдүү болуш керек.

— Жеке жашооңузга сиздин кесибиңиз тоскоол болбойбу?

нуржан3— Жеке жашоомо кесибим жолтоо болот деп айта албайм. Кесибимди абдан ардактайм, сыйлайм. Ушундай кызыктуу чөйрөдө иштеп калганыма бактылуумун. Бирок сиздин сурап жатканыңыз азыркыга чейин турмуш курбай жатканым болуш керек. Эми ар кимдин маңдайына ар кандай тагдыр жазылат экен да. Бирөө эрте турмуш курат, экинчиси кеч. Кара кыздын агынан эмес, багынан дегендей, мен ошол кечирээк турмушка чыккандардын катарындамын го. Буюрса ал күн да алыс эместир…

-Көбүнчө телевидениеде карьера жасаган айымдар ак кол болуп калат эмеспи, сизде бул жагынан кыйынчылык жокпу?

— Мен Нарындын Жан-Булак деген айылынан болом. Тогуз бир туугандын эң кичүүсүмүн. Атам 78 жашта, апам 75 жашта.  Атам өмүр бою чоң кызматта иштеп жүрдү. Ардактуу атуул, эс алууда. Апам үй кызматкери. Тогуз  баласынын баарын окутушту. Баарыбыз жогорку билимдүүбүз. Атам менен апам кышында жылуу жана ыңгайлуу деп мага келишет. Кудайдан тилегеним ата-энем биздин жакшылыгыбызды көрүп, көп жашаса экен дейм.

Мен ак кол эмесмин. Айылда чоңойдум да. Нарында билесиздер мал-жандуу келебиз. Уй саап, нан бышырып, айран уютуп, кой туудуруп жүрүп чоңойдум. Токсон койду мен, апам жана эжем кышында тууттан чыгарган күндөр болгон. Атам кызматкер болгондуктан көбүнчө үйдө болчу эмес. Кийинчерээк мени үйгө таштап атам-апам курортко кетишчү.  Эстесем, 8-класста окучумун. Үч уйду саап, бадага кошуп, сүттөн каймак жасап, чөп чаап келген ишчилерге казанга тамак жасап берип жүрүп жайкы каникул өтчү. Анан дагы короодогу карагаттан варенье жасаганга да жетишчүмүн… Азыр эстесем кичинекей болуп алып кантип жасачумун деп таң калам. Азыр эле андай иштерден алыс болуп, тамакты анда-санда жасап калдым….

— Өзүңүздүн ийгилик формуласы кандай?
— Өзүмдү аябай ийгиликтүү деп деле эсептебейм. Журналистиканын баардык тепкичин басып өттүм. Быштым деп эсептейм… Дагы жасалчу көп иш бар. Бирок аракет, туура максат кое билүү анан адилеттүүлүк менен ийгиликке жетсе болот. Эч качан бирөөнүн ак эмгегин жебеш керек. Күчтүү менеджер эмгек, аракетти баалаш керек….

Учурда кыргыз жигиттеринин өзүн алып жүргөнү боюнча пикириңиз?

— Жигиттер тууралуу эмне айтсам болот… Кыргыз жигиттери азаматтар. Бирок акыркы учурда майдачылыраак болуп бара жатабы деген ой кетет… Мүмкүн туура эмес ойлоп жатам… Мага майдачыл эркектер жакпайт, ошону айтайын дегем болгону. Ал эми жалпы алып караганда биздин жигиттер намыскөй. Бирок кээде өтө намыскөй болуп аша чаап кетишет… Мисалы «патриот жигиттердин» Москвадагы акыркы кылыктарын таптакыр туура эмес деп баалайт элем. Ал эми ишинде ийгилик жаратып, бизде эмес чет жерде кыргыздын намысын коргогон жигиттерибизди урматтайм, албетте!

нуржан5— Эң өзгөчө сунуш кылган романтикалуу окуяңыз?

— Романтикалуу окуя…. Романтикалуу окуя 14-февралда менин чет жакта иш сапарда жүргөнүмө карабай, мага айтпай эле Кыргызстандан Түркияга артымдан барып, Босфордун жээгинде сүйүүсүн арнап, белек берген учурду айтат элем… Бирок ошол эле бриллиант, ошончо узун жолду басып өтүү, сюрприз жасоо эгер көңүл төп келбесе артта калат экен… Албетте, өкүнүчтүү…

-Сиздин оюңуз боюнча ийгиликтүү заманбап кыргыз кызынын образы кандай?

— Мен үчүн ийгиликтүү кыргыз кызынын образы билимдүү, чет тилин билген, өз кесибинин адиси. Назик. Үй-бүлөнү чогуу алып кеткен, айтор баарына жетишкен  айым… Ошол эле учурда өзүнө кам көрүп, сулуу,  эл менен мамиле кура билген айым деп билем. Азыр андай ийгиликтүү айымдар көп. Мен кыргыз кыздарына баа берем. Биздин кыздар ийгиликтүү болсо, болбосо деле баарына жетишет. Иштейт, бала төрөйт, үйдүн түйшүгү, ошол эле учурда күйөөсүнө жакшы мамиле кылып, ал тургай бир үй-бүлөнү багып жаткандары да бар… Чет элдиктер андай эмес… Негизи кыргыз кыздары кыйын… Бирок кыз киши үчүн үй-бүлө куруу баарынан маанилүү го дейм…

-Жашооңуздагы эң маанилүү чечимиңиз?

-Жашоодо андай деле маанилүү чечим кабыл алчу учур боло элек го дейм. Акыркы жолу чечим кабыл алып, Европанын үч мамлекетин коркпой, жалгызмын дебей жалгыз кыдырып келдим. Мен эле жалгыз жүрдүм окшойт. Баары экиден-үчтөн жүрүштү. Рюкзак асынып, фотоаппарат көтөрүп алып жүрдүм. Жалгыз жүргөнүмдү Венецияда сездим. Себеби баары жуп-жубу менен каналды бойлоп жүрүштү… Франция, Италия жана Швейцариянын бир нече шаарларын кыдырдым. Көпчүлүгү мени кичинекей кыз деп ойлошту. Абдан сонун таасир менен эс алып кайттым. Демек, ата-бабаң билбеген жерлерди жалгыз деле кыдырсаң болот экен деп калдым. Чечкиндүү жана чыйрак болуш керек экен. Мисалы, түнкү саат он бирде Милан шаарына түшүп, итальян тилинде сүйлөшүп, жол таап мейманканага жеттим. Негизи кандайдыр бир чечим кабыл алууда эжемден же апам, атамдан пикир сурайм. Бирок акыры өзүмдүн чечимимди кабыл алам. Кеңешип анан чечим кабыл алам. Бир баш жакшы, экөө андан жакшы дейт го. Ошол сыяктуу пикир угуп, сынды туура кабыл алыш керек.

Адилет ТЕМИРЛАНОВ

Булак: “Жаңы Агым”

Меню