Menu

Адилет Айтикеев, “Искра плюс” гезитинин башкы редактору: “Өзгөчө азыр “КСДП” фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков абдан кеңсеме көп келчү дейт”

-Адилет мырза, жакында эле Минск шаарына  Жаныш Бакиевге барып журналист катары маек алып келгениңиз коомчулукту дүрбөлөңгө салды.   Ар кандай сөздөр айтылып келе жатат. Кандайча кантип барып келдиңиз, айтып өтсөңүз?

– Бийликтин адамдары ар кандай сөздөрдү чыгарып жатышат, анын баарын түшүнөм.   Орустардын “адам өзү кандай болсо башкаларды ошондой ойлойт”-деген.  Мурдатан эле  ичимден Жаныш Бакиевден маек  алсам деген ойду ойлоп жүрчүмүн. Себеби  ар бир бийликте өзгөчө сырдуу,  башкача  фигуралар болот эмеспи. Бакиевдин убагындагы өзгөчө фигуралардын бири Жаныш Бакиев болчу. Мага кызык туудурганы бир кезде  укук коргоо органдарда иштегени,  анын аркасы менен  бир топ чуулгандуу маселелерди  ызы-чуулу иштерди ошол кишиге байлап жүрүшпөйбү. Мен маңдай тескей олтуруп, сүйлөшүү ниетим бар болчу. Ортодо  интернетте  башкаларга окшоп канкор деген сыяктуу сөздөрдү көп жазчумун. Бир күнү  байланышка Асылбек Салиев деген Жаныш Бакиевдин  баласы “дайыма атам жөнүндө жаза бересиң,  тажаган жоксуңбу? Андан көрү  жолугуп маек албайсыңбы? Эгерде  ошончолук эле курч,  эркин  чындыкты  жазган журналист болсоң” дейт. “Сөзсүз барам, бирок сылап сыйпаган үстүртөн  маек кылбайм. Курч суроолорду берем, ал киши генерал катары  жооп берсин. Ошондо гана  мен  макулмун” -деп айттым.   Макул болуп  маекти уюштурду. Антип минтип мен каражат таап барганча  15 күн убакыт өтүп  кетти. Бараарымды эч кимге айткан эмесмин. Атайын кызматтар билип  алышыптыр. Бардым, беш саттын тегерегинде ачык  маектешүү болду. Асылбек поездден  тосуп алып, атасынын кеңсесине  маектешүүгө алып барды.

-Биринчи берген сурооңуз эмне болду?

-Ал абал сурашмайдан баштадык. Негизги интервьюнун өзөгүн  албетте чуулгандуу кылмыш иштери, сыртынан соттолуп жаткандыгы боюнча болду. Мисалы 2005-жылы 25-мартта Жалал-Абаддагы облусттук банкында жоголгон 22  миллион сомдун айланасынан баштап, кылмыш иштер, адам өлтүрүүлөр, этеги келип Анапияевдин  өлүмүнө чейин  кеңири маектештик.  Маек абдан кооптуу кырдаалда өттү.  Себебин дагы түшүндүм. Адамга кечке эле жагымсыз суроолорду бере берсең ыңгайсыз абалда калат. “Бүгүнкү күндө кыргыз коомчулугунда кандай суроолор үйүлүп,  талкууланып жатса баарын алып келдим”-дедим. Унчукпай олтура бергенден көрө ар бир суроого жооп узаткан жакшы.  Мындай маек жасабасам анда обьективдүү журналист боло алмак эмесмин.  Муну албетте  Бакиевчи деп кечээги өзү Бакиевдин колуна  кумган менен суу куюп, бутун жууп жүргөндөр кыйкырып жатышат. Алардыкы эми түшүнүктүү да.  Алардын максаты бирөөнү каралаш керек.

-Жалал-Абаддагы банктын тонолушу боюнча  Жаныш Бакиев эмнелерди айтты?

-Азыр интервьюларды улам редакторлоп карап жатам.  Ал жерде  банктан көп суммадагы  акча табылган экен. “Ошол акчаны бизге алып келди. Мен    Жалал-Абад областынын  ШИИБинин башчысы болчумун.  Биз аны атайын  адамдардын катышуусунда  протокол түзүп, тийешелүү акты түзүп  өткөрүп бергенбиз.  Аны менен кечээ соттун чечими чыкканда гана тааныштым. Таптакыр түшүнүксүз адамдар ортодон чыга калып көрсөтмө берип жатышат”-дейт.

-Өтө чуулгандуу мурдагы администрация башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүн Жаныш Бакиевден көрүп жүрүшөт. Ошону кандай айтты?

 -Аны мен майда чүйдөсүнө чейин айта албайм. Бирок өзүнүн жоопторун берди. Ар бир адамдын өзүнүн чындыгы бар да. Пикирлерин жоопторун айтты.

-Кандайдыр бир деңгээлде күнөөм бар деп айттыбы?

– “Көп иштерди көз жаздымда калтырган иштер болгон, мойнума алам” деди. 7-апрель боюнча  БТРдин айланасындагы адамдарга,  курал көтөрүп келип, ак үйгө атака кылган адамдарга ок атууга буйрук бергем деди.  Максим Бакиев менен мамилеси абдан татаал экен.  Айрым жерлерде Курманбек Бакиевдин өзүнүн баласынын айтканын чыга албай  артыкчылык бергендигин,  акыркы учурларда көөп кеткендигин  бир топ фактылар менен сындады.  Жаныш Бакиевдин көп эле айткандарына ишендим.  Күмөндүү жерлери болду бирок,  көп маселелер боюнча айткандары мени ынандырды.

-Бүгүнкү күндө  ошол мезгилде өлгөн аттуу баштуу депутаттардын, бизнесмендердин   өлүмүнүн баарын  Жаныш Бакиевге төңкөп жатышат. Бул тууралуу дагы суроо берсеңиз керек э?

-Мен баардыгын суроо бердим. Баяман Эркинбаев, Санжар Кадыралиев,  Павлюк, Сыргак Абдылдаевге чейин суроо бердим, ал киши өзүнүн жоопторун берди. Кызыктуу эле маек болду деп эсептейм.

-Алмамбет Анапияевдин өлүмү боюнча эмнелерди айтты?

-Белорусия тараптын  укук коргоо органдарынын даректүү  видеолору фото материалдары чыгып жатпайбы. Ошол фактыларга  таянып ойлорну айтты. Аны кыргыз коомчулугу  деле түшүнүп турат да кандай жасалганын.

-Бизде радио менен телеге ишене берет да.

-Интернеттерге баары чыгып жатат го.

– Анапияевдин өлүмүн Жаныш Бакиев өзүнүн  кылмыш иштерин жабыш үчүн ошол жерге  алып барып өлтүрттү деп жатышат дегеним.

-Ар бир кылмышкер өзүн өзү акташ үчүн  сөзсүз бирөөгө жалаа жабат.  Анын баарын Белорусиянын укук коргоо органдарынын видео фото  материалдары ачыкка чыгып жатпайбы. Анапияев боюнча  көп далилдер ачыкка чыгат.  Ошол эле коштоп келген адамдар, ким коштоп  келген, ким кайсыл жак аркылуу учкан,  кайсыл жерде болгон далилдеп коюшту го.

– Азыркы  генерал Турганбаев жөнүндө да сөздөр болсо керек албетте.

– Эми ИИМ министри  Мелис Турганбаев жөнүндө абдан көп сөз болду. Экөөнүн ортосундагы келишпестик  журналисттер менен саясатчылардын арасында белгилүү.

-Кулак сөөмөй чыры боюнчачы?

-Ал боюнча да өзүнүн жообун берди. Мен аны азыр айтпай турайын.  Бирок Мелис Турганбаев боюнча башкаруу ыкмалары, азыркы учурда жасап жаткан иштери  бир топ пикирлерин билдирди.   Өзүнүн каналдары аркылуу алган маалыматтарды айтты.

-Кандай маалыматтарды?

-Маектин баарысын силерге айтпай эле коёюн. Маек буйруса  “Искра” гезитине толук бойдон 12-апрелде жарыкка чыгат.  Мен баарын  карап текшерип, окуп иштеп жатам. Муну катасы менен чыгарып жиберсем шашып чыгарып жиберсем ушуну да жөндөп жаза албайт деп менин тырмакчанын ичиндеги досторум айтып чыгышат.  Ошондуктан баарын карап анан чыгарайын дедим.

-Сиз “Манас” аба майданга келэээриңиз менен укук коргоо органдары, үч тамганын чекисттери “тосуп” алышкан жокпу?

-Мен Минскке кетип жатканда да, келгенден кийин деле, азыр дагы эч ким суракка алган жок.  Көз караштар менен да ыкма беришпеди. Мурда чек арадан өтүп жатканда келди келди дегенсип көз кысып жатышканын байкаган жокмун. Эч ким телефон да чалган жок.

-Мектешүүдөн кийин Жаныш Бакиевге болгон көз карашыңыз өзгөрдүбү?

-Ооба, бир топ маселелер боюнча өзгөрдү. Маалымат алгандан кийин  байкайсың да. Сырттан ММКлардын жазгандарына, мурдагы бийликтин кошоматчыларынын айткан нерселерине  ишенчүбүз. Балким убакыт дагы көп нерсени өзгөрткөндүр.

-Белорусияга барганда мамлекеттин кожоюну бар экени билиндиби?

-Эртең менен саат тогуз жарымда поездден түштүм.  Шаар биздикиндей  чоң аймакты ээлебейт экен. Чакан, тыкан, таза, коомдук жайлары  да таптаза сонун шаар экен. Эки жакты көп деле караган жокмун. Бирок Жаныш Бакиевдин  жан сакчылары өтө профессионал абдан күчтүү экен.  Алар  жада калса колумдагы сааттан бери чечтирип, диктофондорго чейин жандырып көрүштү.  Фотоапартты текшерди. Атайын чыйылдаган апараттан өткөрүп анан  маек алганга киргизишти.

-СГОнун башчысы  Жаныш Бакиевди көрүп жүргөнсүз да.  Анын азыркы Жаныш Бакиев өзгөрүптүрбү?

-Сүрөттөрдү да бир топко чейин салыштырдым. 2008-2009 жылдары мен теледен көрүп жүргөн  Жаныш Бакиев көздөрү тик караган башкача  адам болчу. Азыр өзгөрүп жумшарып калгандай. Көп нерселерди таразалады болуш керек.

-Биздин бийликке болгон көз карашын айттыбы?

-Көз карашы түшүнүктүү да.  Калп чынды айтып баарын шыбап  жатса жакшы пикир айтмак беле. Атамбаев боюнча дагы абдан каттуу пикирлерин айтты. Атамбаев боюнча  психологиялык оорулуу адам катары сыпаттады. “Алкоголду көп колдонгон адамдар ушундай болуп калат. Анын психологиясын жакшы билем.  Атамбаевден ушул синдромду көп байкайм”-деди Жаныш Бакиев.

-Азыр бийликтин өкүмүн укту. Бирок эртедир кечтир  акталам деген ишеним бар бекен?

-“Кудай буйруса бир кезде  акталам. Ишенем,  калыс сот болот. Адилеттүүлүк орнойт. Анан акталам”-деди.

-Эмне үчүн алты жыл бою унчукпай келип, эми Жаныш Бакиев маек берип жатыптыр?

– Аны да сурадым. “Карасам сыртымдан эле соттун чечимин чыгарып жатат. Этегинде  Ысык-Көлдөгү банктын баарын Максимге же Гуреевичке байлабай мага  байлап, этегине  Анапияевдин өлүмүн  менден көргөндө чыдабай маек берүүнү чечтим”-деди.  Мындан сырткары убагында тоюна барып чапан жаап жүргөндөр боюнча да пикирин билдирди. Өзгөчө азыр  “КСДП”  фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков абдан кеңсеме көп келчү дейт.  Бир кезде көзүнө тике карап  айтам деп айрым фамиляларды атады.

 

Баян Кулова

Булак: “Жаңы Ордо”

 

 

Политическое заявление Премьер-министра Кыргызской Республики Темира Сариева

«Уважаемые соотечественники!

В последние дни все были свидетелями, как вокруг меня и работы Правительства Кыргызской Республики развернулась неприкрытая кампания лжи и интриг. “Политический климат” резко изменился. Такая ситуация существенно осложнила режим работы Правительства страны.

Объектами голословных нападок постоянно становились различные направления деятельности правительства. Наиболее острым стал вопрос реконструкции дороги Балыкчи — Корумду.

Хочу еще раз подчеркнуть, что я никаким образом не вмешивался в проведение тендера. Более всего заинтересован в полном, открытом, детальном и объективном расследовании этого вопроса. Но некоторые политические силы, вовсе не заинтересованы в объективности. Работа депутатской комиссии наглядно это демонстрирует, она отличалась односторонностью и ангажированностью.

В этих условиях я заявляю, что не намерен мириться с тем, что кто-то манипулирует общественным мнением, чтобы придраться к работе Премьер-министра и Правительства. У меня нет ни времени, ни намерения играть в такие политические игры. Атмосфера сплетен поставила Правительство в затруднительное положение, когда ее работа стала фактически парализованной. Этого не должно происходить ни в коем случае. Страна остро нуждается в преобразованиях, работы на всех направлениях много. Ставя интересы страны и народа выше личных политических мотивов, сегодня я подаю в отставку.

Хочу сказать, что находясь на ответственном посту Премьер-министра, я старался работать много и ответственно, в интересах народа Кыргызстана. Насколько это удалось оценит народ. В любом случае, хочу заверить всех, кто поддерживал Правительство, кто связывал с нами свои надежды на улучшение жизни, а также тех, кто нас критиковал и подсказывал, что наши общие планы и надежды будут воплощены в жизнь. Свои личные планы на будущее я неразрывно связываю со страной и ее интересами.

Я намерен оставаться в политике. Впереди много планов и работы по их реализации. Сейчас всем прогрессивным силам страны нужно смотреть только вперед!

Спасибо всем и желаю новому Правительству успехов!»

Почему в Кыргызстане уходят премьер-министры и что с ними потом происходит

Сегодня, 11 апреля, ушел в отставку очередной премьер-министр Кыргызстана Темир Сариев. На этой должности он провел в общей сложности меньше года.

Поводом для того, чтобы отправить Сариева в отставку стал компромат, слитый министром транспорта и коммуникаций Аргынбеком Малабаевым. На прошлой неделе глава Минтранскома сообщил о том, что в проведенном с нарушениями тендере на реконструкцию дороги Балыкчы – Корумду прослеживается заинтересованность премьер-министра. Эту мысль активно подхватил парламент, и уже в пятницу страна ожидала прошения об отставке, которое, по сведениям отечественных СМИ, Сариев на тот момент уже написал.

Впрочем, прежде чем официально заявить о своем уходе, политик и его пресс-служба постарались запустить в социальных сетях массированную кампанию по поддержке премьера. Уже прозвучали мнения о том, что кампания эта была направлена не на то, чтобы удержать Сариева в кресле премьер-министра, а на то, чтобы в грядущих президентских выборах лидера партии “Ак Шумкар” окружал ореол мученика, выгодно оттенявший его на фоне других претендентов на пост главы республики.

В связи с этим редакция Zanoza.kg решила вспомнить всех политиков, занимавших премьерскую должность в течение последних шести лет, причины, по которым они ушли и последующий карьерный путь. Начали мы с нынешнего президента Алмазбека Атамбаева.

Почему в Кыргызстане уходят премьер-министры и что с ними потом происходит

Всех премьер-министров Кыргызстана и наглядно представленную частоту их смены можно посмотреть ниже.

Источник: zanoza.kg

Алмаз Атамбаев Премьер-министрдин жана Өкмөттүн отставкасы жөнүндө жарлыкка кол койду

Бүгүн, 2016-жылынын 11-апрелинде, Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө» Жарлыкка кол койду.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине, 87-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 23-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 4-бөлүгүнө ылайык токтом кылынып:
– Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сариев Темир Аргембаевичтин отставкасы кабыл алынды.
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтү отставкага кетти деп эсептелет.
– Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин, Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар, ошондой эле административдик ведомстволордун жетекчилери мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн жана административдик ведомстволорунун жетекчилеринин милдетин аткарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышат.
Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

Жусупбек Тууганбаев, “Өлөң Булак” айылынын тургуну, 80 жашта: “Азыр өзбектер талашып аткан жер менин атамдын жери”

Айланайын туугандар, бул бийлик бизди эмнеге таяп койду. Өзбектер басып кирип көп жерлерибизди тартып алып койду.  Буга аким,  айыл өкмөт деген таптакыр кайрылбайт. Баардыгы дал ушулардын айынан болуп жатат.  Жерибизди тартып кетсе алар эч нерсе болбойт, калктын гана шору. Эмнеге бийлик качып кетет? Укпайбы бизди.  Акимдер дагы келбейт. Мындай бийликтин бизге кереги жок.  Бирдеме болуп кетсе элдин гана каны төгүлөт. Жерди сатса  ошол кишинин колу бар да. Келбейби бул жерге,  калктын сөзүн укпайбы ал жигит.   Булар элдин канын соруп жатат, эл үчүн күйбөйт го.  Булардын айтып деп жаткандарынын баары калп.  Элим журтум деген билерман балдар качан келет. Ушул күндөн баштап кетсин мына бул аким бала. Кереги жок. Эмнеге элге күйбөйт, эмнеге элден качат? Уурубу?  Таза болсо бул жерде элдин сөзүн угуп.  Биз дагы ойгонойлу.  Кайдагы  пайдасы жокторду шайлап алган. Шайкалары бар, баардыгын билебиз.  Булар элди эзип маңкуртка айландырып жатат. Азыр өзбектер талашып аткан жер  менин атамдын жери. Мен кескен кулактын баласымын.  Мен өзүм үчүн эмес, силер үчүн күйүп жатамын. Мага колунан келгенин кылсын. Жерибизден айрылсак бала чака неберелерибиздин келечеги эмне болот? Эмнеге ушуну ойлобойт бул уурулар.  Бул уруш кимге керек. Биз деле алар дагы мусулмандар.  Илгертеден ата жотобуз биргеликте жашап келгенбиз.  Мынчалык казак өзбек кыргыз болуп жазылган эмес.  Мунун баардыгы маңкурттуктун кесепети.  Буларга бир гана пул керек экен. Эч нерсе калтырбай баарын сатып кетет экен да бул акмактар.  Ошол акимдин баласы, аким биздин атабыз.  Өз баасын өзү түшүрүп жатат.  Мына биз азыр оозго туруп калдык. Күчү жетпесе башка балдарга бербейби. Ушуга дагы башы жетпейт, маңкурт да.

Булак: “Жаңы ОРДО”

Министр Максүтов Базаркуловду көз көрүнөө колдоп келет. “Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам”- дегендей ...

“ЖТР” – Жалал-Абад облустук мамлекеттик телевидениеси экени коомчулукка маалым. Бирок, “Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам”- дегендей “Хизб ут-Тахрир”-деген террордук уюмдун мектебин биз ЖТРден көрүп таанып жатабыз. ЖТРдин жетекчиси Куттумидин Базаркулов “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүн пропагандалаган атайын телеберүүнү (18.10.2014) коомчулукка көрсөтүп жатканына карабай Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрү 1,5 жылдан бери жоопко тартпай келе жатканы коомчулукка түшүнүксүз бойдон калууда. Андан бери нечен суулар акты, бир канча террористтер күч түзүмдөрү тарабынан атылып жок кылынды, бир тобу кармалып абакта жатат. Диний-экстремизм менен күрөшүү үчүн күч түзүмдөрүнө канчалаган акчалар которулуп берилүүдө. Буга кандай түшүнсөк болот, бир мамлекеттик орган күрөшүп, экинчиси аны пропагандалап жатканына? Кыргызстанда бирдиктүү мамлекеттик саясат качан болот? ЖТРдин жетекчиси Куттумидин Базаркулов болсо “Хизб ут-Тахрирди” ЖТРден көрсөткөнү үчүн мыйзам алдында жооп бергенди мындай кой, КРнын Маданият министри А. Максүтов тарабынан колдоого ээ болуп келет.

КРнын Маданият министринин орунбасары А. Темирбекова,  Маданият министрлигинин алдындагы департаменттин жетекчиси Б. Ноорузбаевалар ЖТРдин жетекчиси Куттумидин Базаркуловдун ишмердүүлүгүн жеринен барып иликтеп, ЖТР К. Базаркуловдун менчик телевидениесине айланып баратканын расмий жыйналышта айтып, бир канча ирет кызматтан кетирүү маселесин министрликте көтөрүп чыкканына карабай КРнын Маданият министри А. Максүтов К. Базаркуловду белгисиз себептер менен көз көрүнөө колдоп келет.

Кыргыз Республикасынын эсептөө палатасынын аудити Э. Нажиев ЖТРди пландуу текшерүүдөн өткөрүп (2016-жылы март айында), жетекчи К. Базаркулов тарабынан ЖТРге санариптик техникалык жабдуу сатып алуу үчүн жарыяланган тендер мыйзамсыз өткөнүн тастыктап чыккан. ЖТРди санариптик телевидениеге өткөрүү үчүн 2014-жылы мамлекеттик бюджеттен 1,5 млн сом каражат бөлүнгөн. К. Базаркулов белгисиз себептер менен тендерди 1 ай кечиктирип жарыялаган. Кечигип жарыяланган тендерди “МБМ-Трейд” ЖЧК утуп алып, ЖТРге санариптик техникаларды сатып алып берген. Бирок, “МБМ-Трейд” ЖЧКсы сатып алып берген техникалык жабдуулар жараксыз болуп чыккан. Териштирип келгенде  “МБМ-Трейд” ЖЧКсы учурда жоюлуп кеткендигине байланыштуу мамлекеттик бюджеттен максатсыз сарпталган 1,5 млн сом акча каражаты кайда жумшалганына жооп бере турган тарап табылган эмес. Мындан эмнени түшүнүүгө болот? Албетте “МБМ-Трейд” ЖЧКсы кумдан алтын чайкагандай, тендерден акча “чайкаш” үчүн К. Базаркулов тарабынан атайын түзүлгөнү көрүнүп турат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, облустук телевидениелердин кызматкерлеринин саны  кыскартылуусу каралган. Өкмөттүн бул талабын аткаруудан баш тарткан К. Базаркулов ЖТРде иштеген жаш кызматкерлердин ата-энелерин чогултуп, ата-энелер комитетин түзүп алыптыр. Ал комитет УКМКдан да жогору турат өңдөнөт, анткени, ЖТРдин ата-энелер комитети К. Базаркуловдун коопсуздугун өтө кылдаттык менен коргоп келүүдө. Ата-энелер комитети бала бакчаларда, мектептерде, лицейлерде болчу эле. Мамлекеттик телевидениеде ата-энелер комитети түзүлүп, анын жетекчисин коргоого алганын биринчи жолу көрүп жатабыз-деп таң калгандар абдан көп.

Бизге жеткен маалыматтар боюнча бүгүнкү күндө ЖТР кызматкерелринин 80-90%ын студенттер түзөт экен. Ал эми кадрлар бөлүмүнүн жетекчиси профсоюз уюмун да жетектегендиги айтылууда. Мына ошондуктан чыгармачыл жамаатка берилүүчү калем акы (гонорар) чыгармачыл эмес адамдарга берилип жатыптыр.

КРнын Маданият министринин орунбасары А. Темирбекова,  Маданият министрлигинин алдындагы департаменттин жетекчиси Б. Ноорузбаевалардын ЖТРдин жетекчиси К. Базаркуловду кызматынан бошотуп, жоопко тартуу сунушун көңүл сыртында калтырган КРнын Маданият министри А. Максүтовду кандай түшүнүүгө болот? А. Максүтов К. Базаркуловдун жердеши болгону үчүн коргоп келеби, же Куттумидин Базаркуловдун колдоочулары өзү айткандай Жогорку Кеңештин депутаттарыбы?

 

Н.Камбаралиев

Азимбек Бекназаров: “Ар бир экинчи адам - “Атамбаевдин да күнү бүтүп баратат”- дейт, жалганбы”

4-апрелде Бишкек шаарында экс-акыйкатчы Турсунбек Акун тарабынан уюштурулган бийлик жана оппозиция өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Тегерек үстөлгө президенттик аппарат жана өкмөт мүчөлөрү да чакырылганы менен, алардын атынан жиберилген өкүлдөр келди. 

Ошондо, бийлик тараптан Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясына кирген “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев гана катышты. Анда, өлкөдөгү чегара маселеси, электр энергияга болгон тарифтердин кымбатташы жана оппозиция өкүлдөрүнө карата бийлик куугунтугу тууралуу сөз болду.

Азимбек Бекназаров, коомдук ишмер:

– Өкмөт кыргыз-өзбек чегарасы боюнча бир тараптуу гана актануу иштерин жүргүзүп жатат. Чегара маселеси тууралуу 23-мартта кеңири маалымат жыйынын бергем. Бирок аны бир да маалымат булактарында көрсөтүшкөн жок. УКМКнын өкүлдөрүнө айткам, “мен азыр айткан сөздөрдү жазып алып, президентке жеткирип баргыла” деп. Бирок, ал жерде айтылган маанилүү фактылардан жыйынтык чыгаруунун ордуна, Темир Сариев “Бекназаров документти бурмалап салган” деп айта баштады. Жок, Бекназаров эч нерсени бурмалаган жок, тараткан да жок. Бекназаров Аксыда болгон митингде Кербен шаардык кеңешинин депутаттары берген документтин номурун гана айтты: 2015-жылдын 11-ноябрында чыгарылган  өкмөттүн  №19-0177 протоколунда Унгар-Тоо Өзбекстандын аймагы катары көрсөтүлгөн деп. Кербен шаардык кеңешине андагы тоодогу телемунараларды чыгарып кетүү сунушун койду эле, депутаттар бир ооздон четке кагышты. Бул документти канча журналисттер сурады менден, берген жокмун. Бишкектеги Аксы коомун чогултуп, чогулуш өткөрүп, Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин колуна документти бердим, “парламентте тийиштүү маселе көтөрүп чык, бул документти президент же өкмөт тез аранын ичинде жокко чыгарышы керек”- деп. “Унгар-Тоону сактап калууда мындан башка юридикалык жол жок, бул эл аралык маселе, бийликтен башка кайсы бир саясий күч аны чече албайт.- дегендей. Маалымат жыйынында КТРКдан да кайра-кайра сурандым, “маселени президентке жеткиргиле” деп. Бирок, президенттен кандай жооп болуп атканын көрүп атабыз, керели-кечке КТРК Бекназаровду шыбап баштады. Сариев болсо Аксыдагы эл менен жолугушууда Унгар-Тоо боюнча өкмөттүн протоколун ачык айта албады, “ал жашыруун документ болгондуктан, ачыкка чыгара албайм”, – деп жымсалдап койду. “Сен көрсөтө албаганың менен бул жердегилер жакшы билет, өкмөттүн токтому кандай болуп чыкканын. Ал аймакта жергиликтүү элдин үлүшкө алган жерлери бар. Үзөнгү-Кууш менен Каркыраны да жашыруун деп атып берип жибергенсиңер”, – деп айттым, аны танбайм. Өкмөт ошол документти өзү жокко чыгарышы керек. Ал чыгара албаса Жогорку Кеңеш чыгарсын. Антпей эле, “андай эле”, анан “мындай эле” дей берсеңер жерибиз коңшу мамлекетке өтүп кете берет. Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын алдап коюшуңар мүмкүн, акционердик коомду алдап коюушуңар мүмкүн, протоколду оңдоп коюшуңар мүмкүн, бирок Өзбекстандын колунда турган документти кантип оңдойсуңар? Эл аралык документ эки мамлекеттин ортосунда чечилиши керек. Өзбекстандык “Бухара” сайты жазып атат, “Унгар-Тоо боюнча тийиштүу документтер бардыгын, эл аралык деңгээлде чечишсек, жеңип чыгабыз” деп. Ошондуктан, “бул чечимди кабыл алууда каталык кетирип коюптурбуз” деп моюнуна алып, өкмөт, же парламент документти жокко чыгарууга шашылышы керек. Жокко чыгара салса, Сары-Булак да, Унгар-Тоо да талаш аймак бойдон калып турат. Анан бул ишти “Бекназаровдун кезектеги чыры” деп саясатташтырмай оюнуңар ишке ашпайт, анткени ал документ менде эмес, Өзбекстанда да турат. Аксыда, Ала-Букада ар бир адам билет, 2012-жылы Ж.Төрөмаматов деген губернатор да чогулуш жасап, далай айткан “Унгар-Тоо Өзбекстандыкы болуп кетти. Аны мен чечкен жокмун, Бишкектен чечилди”, – деп. Бул ар бир аксылыктын эсинде. Президент да, КТРК да айтып атат, “оппозиция жашыруун сүйлөшүп, чегарадагы басып алууну уюштурду” деп. Ой, айланайын, кимдин акылына сыя турган нерсе бул? “Бекназаровдун баласы Өзбекстандык мафиядан миллион доллар алып келди” деп чыгарышты. Кудайды карагыла?! Бакиевдин убагында Сох маселеси талкууланып атканда Өмүрбек Чиркешович Бакиевге айтты эле, “ташта, портфелди!” – деп. Мен да Сариевге ошону айтам, “портфелди таштагыла да, документти жокко чыгарып койгула”. Ошондо, бул саясий чечим патриоттук чечим болот.

Сары-Булакты Чала-Сарт деп айтып атабыз. Ал андай аталбайт, кыргызга тиешелүү Сары-Булак деген жер. Президент баш болуп, Токон Мамытов төш болуп, Сариев кошулуп, “бул аймак талаш жер болчу” деп жапырт чыгышты. Талаш жер болсо, анда неге унаа жолу салынды? Неге ал жерден жарандарга үлүш жер бердиңер? 1997-жылы унаа жолу салынып атканда, өзбек тарап “бул жерге биздин эч кандай претенциябыз жок, сала бергиле” деп макулдук беришкен. Унгар-Тоодогу 1967-жылы курулган станция азыр да иштейт. 70-жылдары Өзбекстан да ушул жерге “бир станциябызды орнотуп алалы” деп суранып, коюшкан. Бир телемунара үчүн тоону коңшу мамлекетке берип койсок, анда “Рахот” пансионаты үчүн Ысык-Көлдү да Өзбекстанга кармата бербейлиби? Союз учурунда мындай обьектер коңшу мамлекеттерге курула берген да. Мисалы, Россиянын Байкоңуру Казакстанда жайгашкан, бул Казакстандыкы дегенди билдирбейт. Башында айтып кеттим, Аксы коомунун чогулушунда депутат Кубаныч Жумалиевге Унгар-Тоо боюнча өкмөттүн протоколун берип, “парламентте көтөрүп чык” деп айттым деп. Биз митинг кылалы деп атканда ошол Жумалиев келди, “түнү менен бул маселени чечип, жокко чыгарабыз, элди чыгарбагыла” деп. Биз ишендик. Бирок, “20-апрелге чейин Башкы прокуратура текшерүү иштерин жүргүзөт” деп өкмөт документти жокко чыгаруудан баш тартып койду. Ал документте виза, өкмөт караган күн, өкмөттүн чечими ж.б. маанилүү белгилер турат, анан анын баарын кантип Бекназаров өзү жасап койсун? Кыргыз-өзбек чегарасы маселесинде жаңжалдын кереги жок, аны бийлик менен оппозиция биргеликте карашы керек. Бул жерде патриоттук сезимдин болушу шарт. Антүүнүн ордуна, президент нелерди гана сүйлөгөн жок. Ошол да мамлекет башчысы айта турган сөзбү? Чычалашынын да себеби бар, анткени документтин башы 2012-13-жылдарда жатат. Сариев кийин келди, а чыныгы учу бийликтин жогорку жагына туташтырылып турат. “Жабык эшикте карадык, 20-апрелге чейин текшерүү жүрөт”- деген болбогон нерсе. Сохту алып калгандай эле, тарс коюп, Унгар-Тоону да алып калышыбыз керек. Мына, парламент жыйынында бир МАИ кызматкери үчүн, Жанабаева деген, 17 депутат сүйлөдү, ызы-чуу салышты. А Унгар-Тоону бириси да эстеген жок. Чегарадагы биздин жерди коңшу мамлекеттин танкасы басып жатты. Бийлик да барбады ал жерге, парламент көтөрбөдү бул маселени, анан эмне кылыш керек? Биз да унчукпай коелубу, бардык, көтөрдүк, бул кылмыш эмес. Бул ушак таратууга себеп, же кылмышка жата турган нерсе эмес да. Президент “Бекназаров Каримов менен сүйлөшуп алган”, – деп атат. Кудайды караса боло! Эгер документти жокко чыгарып, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн чечим кабыл алса, Атамбаевге да, Сариевге да рахмат айтабыз. Болгондо да көчөдө туруп айтабыз.

“Бектур Асанов менен Кубаныч Кадыровдун артында Бекназаров турат”- деген саясатты мамлекеттик деңгээлде тыкан жүргүзүп атасыңар. Тергөөчүлөр, ал турмак президент өзү да анын артында ким тураарын жакшы билишет. Ага жетишерлик далилдер да бар, бирок Бекназаровду коомго мокочо көрсөтүүнүн үстүндө иштеп атышат. Ал нерсеге менин тиешем жоктугу биз менен чогуу жүргөн оппозиционерлерге да маалым.  Бийликти басып алуу сыяктуу иштерге каршы болуп келгенибизди да баары билишет. Бул эки бала “подставага” туш болду, аларга кошуп мени да камоо бийликтин башкы максаты болгон. Бирок, мен мындай иштерде тажрыйбам бар, юристмин, аздыр-көптүр билимим бар, бийликти басып алуу чакырыгы менен элдик курултай өткөрүүнүн айырмасын жакшы билем. Жок дегенде ушул экөөнү ажырата алам. Ошондой эле менин тийешем болсо, Бекназаровдун да сөзүн чыгарбайсыңарбы, экөөнүн сүрөтүнүн ортосуна менин да сүрөтүмдү коюп, аралаштыра бербей. Мен айтып келатам, “бизге 3-революциянын кереги жок. Жандүйнө революциясы керек. Шайлоолордо талапкерлердин пулуна эмес, дараметине, эмгегине баа берип, руханий революция жасайлы” деп айтам. Ооба, мага көп адам келген, “сиздин колуңуздан келет, революция жасабайлыбы?”- деп. Мен каршы болгом.

Мени бийликти басып алуу аракеттерине чаптоо Атамбаевдин досу экөө жасаган каралоо долбоору. Жакын арада Асанов менен Кадыровду ким каматканы ачыкка чыгат. Тергөөчү айтпаса, бийлик өзү кечирим сурап айтпаса, биз ачык айтып чыгабыз. Бул балдар кайсы бир күчтөрдүн спектаклиндеги башкы каармандарга айланып калышты, күнөөлөрү жок, бийликти басып алууга план, максат-ой да болбогон. Токтоосуз чыгаруу керек аларды. Анан эле ой-пикири, бийликке болгон көз карашы үчүн эле камай берсе, эртең Кыргызстанда камалбаган бир да адам калбайт. Ким өлкөдө тополоң болуусун каалабаса, бул кадамды президенттен баштайлы. Көрүнгөн жерде этияттап сүйлөп жүрсүн. “Ташбараң кылгыла”- деп президент айтып атат, “революция жасайм дегендер бандит, криминалдар” деген сөз  мамлекет башчысынын оозунан чыгып атат. Демек, өлкөдө дестабилизацияны ким пайда кылып атат, менби, же Атамбаевби?! “Оппозиция Өзбекстан менен байланышып алып, чегара чатагын чыгарып атат”- дейт. Президент Кудай эмес, ал да мага окшогон пенде. “Түбөлүк калабыз”- деген Акаев менен Бакиев да кетти, Кыргызстанда алмашпай турган эч нерсе жок. Эртең Атамбаевдин да мөөнөтү бүтөт, биз да кетебиз, бирок эл менен мамлекет калат.

Президенттин душманы оппозиция эмес, колтугунда жылуу сүйлөп, тескери саясатын жасаган жан-жөкөрлөрү, ошол эле КТРК, ЭлТР, НТСи – саясатка башкача басым жасап аткан. Биз Текебаев, Отунбаева болуп “оппозиция көчөдө жүрбөсүн” деп, парламенттеги оппозициянын ордун түзүп бердик. Бирок, азыр парламентте оппозиция барбы? “Бийлик-оппозиция” деген диалог болсо, бир тараптуу каралоо, тыңшоо, жалган маалымат таратуу саясатынан баш тартуу маселесин кароо керек. Кайрадан, оппозиция өкүлдөрүнүн коомго шардана болгон сүйлөшүүлөрүнө кайрылайын, укук коргоо кызматы 14-марттагы сүйлөшүүнүн негизинде иш козголду деп атат, бирок, алты айдан бери оппозиционерлерди тыңшап жүрүшкөн эмес. Эмнеге, ушунча аралык тыңшап эле жүрө беришкен, биринчи эле сүйлөшүүдө иш козгой салышпайт беле? Булар алдын-ала баарын даярдап, айта тургандарын иреттеп алышпайбы, сөздөрү ача чыгып, буйрутма экени даана билинип калды. Мени чөгөлөтө да, сындыра да алышпайт, андан көрө өлтүрүп коюу оңойураак. Бул жактан иш таба албаганы үчүн Түркия, Россияда иштеп жүргөн балдарымды да аралаштырып башташты, “миллион доллар алып келди” деп. Атамбаевдин ошентип айтканын уккан эле, “бул Бекназаров акмак экен” деп атышат да. Ооба, мен 20 жылдан бери акмакмын, Акаев, Бакиевдин учурундагы акмактыгымдан өйдө кыла албайт бул бийлик. Камакка алынган балдар чогулуп отуруп сүйлөсө сүйлөп, тилден жаңылып калышкандыр. Бирок, бир нерсени да эске алуу туура – көчөгө чыксаң, ар бир экинчи адамдын  “Атамбаевдин да күнү бүтүп баратат” дегенин угасың.

Гүлмайрам Турусбекова

Булак: “Майдан.kg”

Өмүрбек Текебаев, “Ата-Мекен” партиясынын лидери: “Түшпөс хан болбойт, убак-убактысы менен баары алмашып турат”

Эркин Бөлөкбаев: – Өмүрбек Чиркешович, камалган Асанов менен Кадыровго Кылмыш жаза кодексинин 295-беренесине ылайык иш козголду. 295-берене “бийликти күч менен басып алуу же күч менен кармап туруу” деп чечмеленет. Ошондо, бул жигиттердин иш-аракетинде бийликти басып алуу же кармап туруу болдубу?

Ө.Текебаев:

– Парламенттик оппозиция менен бийликтин ортосундагы күрөш күчөп турганда, бийлик оппозиция менен жолугушуудан качпайт. Мындан ары да тегерек үстөл улана берет, курамыбыз да көбөйөт, талкуулай турган маселе да көбөйөт. Конституцияда “оппозиция коомго пайдалуу кубулуш” деп көрсөтүлгөн. Конкреттүү адам эмес, бул институт. Мамлекет тарабынан колдоо алат, жөлөнүп-таялат, керек болсо, акча берилет. Өзгөчө парламенттик оппозиция өз милдетин так, толук аткарышы керек. Аткара албаса, ага жарандык коом, башка институттар, көчө оппозициясы киришүүгө аргасыз. Оппозициянын парламенттен көчөгө оогонун ушундан көрөм, парламент оппозициясы өз милдетин толук кандуу аткара алышпады.

Чегара маселеси боюнча баарыбыз бир пикирде болушубуз керек: байбы, кедейби, бийликпи, оппозициябы, түштүк-түндүк дебей, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн сырткы күчтөрдүн куралына айланбоо үчүн биримдикте болууга туура келет. Башка мамлекеттерге алдатып жибербешибиз керек. Менимче, азыр бул жерде так ушундай сезимдеги адамдар чогулуп отурушат. Ар кимден шек санаса болот, бирок Азимбек Бекназаровду кайсы бир мамлекет менен сүйлөшүптүр дегенге мен ишенбейм. Бул кишинин кемчиликтери абдан көп, бири-бирибизди сындашып да жүрөбүз, бирок ачыгын айтыш керек, чегара үчүн 2000-жылдан бери күрөшүп келатат. Туулган жери, мекени үчүн чын дилден күйүп атат. Бир нече жыл мурун биз мыйзам кабыл алганбыз, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу кылмышынын мөөнөтү өтүшүн жокко чыгардык. Муну айткан себебим, күч кызматтарына айтам:  “Кыңыр иш кырк жылда билинет”, бүгүн жасаган фальсификацияңар эртең калкып чыгат. Кыргызстанда “түшпөс хан” болбойт, убак-убактысы менен баары алмашып турат. Болуп өткөн революциялар өзүм билемдикти, диктатураны азайтып, элдин пикири менен эсептешүүгө алып келди. Туура эмес иш жасасаң кырк жыл күтүүнүн да кереги жок. Асанов менен Кадыровду тергөө сөзсүз обьективдүү болушу керек. Укук коргоочу коомдук уюмдар кабардар болуп турушу зарыл. Кимдир бирөөгө жасалма күнөө тагууга жол бербеш керек. Эгер мыйзам алдында туура эмес жасаган иши болсо, ал үчүн жооп берсин. Мен бул маселени маалымат каражаттары аркылуу гана эмес, парламентке-кесиптештериме түз жеткирем.

Эркин Бөлөкбаев: – Өмүрбек Чиркешович, камалган Асанов менен Кадыровго Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 295-беренесине ылайык иш козголду. 295-берене “бийликти күч менен басып алуу же күч менен кармап туруу” деп чечмеленет. Ошондо, бул жигиттердин иш-аракетинде бийликти басып алуу же кармап туруу болдубу?

Өмүрбек Текебаев: – Бул иштин майда-чүйдөсүн билбейм, кандай далилдер бардыгы менен тааныш эмесмин. Убакыттын өтүшү менен белгилүү болот, баары ачыкка чыгат, ошондо так пикир айтууга мүмкүн. Азыр бир жактуу айтуу кыйын. Бийликти басып алууга аракет кылышты деп айтылып атат, бирок канчалык негиздүү экенин айта албайм. Тергөөчүнүн колунда не бар экенин билбейбиз.

Эркин Бөлөкбаев: – Алардын аракети 295-беренеге ылайык келеби, ошону айтсаңыз?

Өмүрбек Текебаев: – Бир аз күтөлү, тергөө өзүнүн далилдерин алып чыгат. Коргоочу тарап өз чындыгын билдирет. Жигиттер үчүн бир-эки ай эч нерсе эмес, чыдап турушат.

Азимбек Бекназаров: – Кубаныч Кадыров 2009-жылы да так ушул берене менен кармалган. Кийинчерээк, Швейцарияга чыгып кеткен. 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин качып жүргөн жеринен Кыргызстанга кайтып келди. Ошону эстесе деле президент тергөөчүлөрдү токтотуп койбойбу. Мен таң калам, азыркы бийлик ушунун баарын башынан өткөргөн, Сегизбаевге кой дегенге президенттин күчү жетпейби.

Турсунбек Акун: – Бул жигиттерге жасалган мамиле кандайдыр бир деңгээлде саясий куугунтук катары эсептелинет. Алардын аракетинде бийликти басып алуу болгон жок. Бирок, ошол эле учурда “бийликти басып алабыз, бул кызматка аны, тигиге муну коебуз” деп талкуулагандарын да колдоого ала албайм.

Азимбек Бекназаров: – Президенттин эл бузукуларын ташбараңга алгыла деген сөзүн колдойсузбу?

Турсунбек Акун: – Жок, президенттин бул сөзүн да туура эмес деп эсептейм. Мамлекет башчы мындай сөздөрдү айтпашы керек деп укук коргоочу катары билдирүү да жасагам. Саясатчылардын-оппозиция өкүлдөрүнүн, бийликти алабыз, бул кызматка аны коебуз дегендери туура эмес, бирок ал сөз бойдон калды, ишке ашабы, ашпайбы – билине элек болчу.

Азимбек Бекназаров: – Соттун чечими жок туруп, КТРКнын тергөө иштерин үзгүлтүксүз көрсөткөнүчү?

Турсунбек Акун: – Бул мыйзамды одоно бузуу. Асанов, Кадыров күнөөлүүбү, жокпу-аны сот чечет. Мына, Келдибековду, Ташиевди деле соттун чечимине жеткирбей не деп гана жарыялашкан жок, акырында сот Ташиевди актап жибербедиби, Келдибековдун иши да актоого жакындап келатат. Анан да сүйлөшүүлөрдү туңшаган туура эмес. Бийлик, оппозиция өкүлдөрү столго отуруп алып, бетме-бет сүйлөшөлү.Таарыныч, аргументтерди айтып, ушул цивилизациялуу жол менен кетели. Качанкыга чейин революция болот, кан төгүлөт? Оппозиция күчтүү болуп сындап турса, бийликке жакшы, ал да күчтүү болот. Чынын айтсам, эң көп куугунтукка кабылып, жараат алган адам менмин. 17 жолу камалдым, ээгим сынды, башка да жарааттарды алдым. Басып өткөн жолумду карап ойлонуп көрүп, кайсы жолго түшүп кеткенбиз деп корктум. Сүйлөшүү менен бир чечимге келүү туура болоорун түшүндүм.

 

Булак: “Майдан.kg

Тажикстанда «түнкү көпөлөктөрдү” ыйманга чакырышат

Жеңил ойлуу аялдарды ыйманга чакыруу ишин чиновниктер, дарыгерлер жана милиционерлер мойнуна алмак болду.

Коргон-Төбө шаарында үч ирет жеңил ойлуу аялдар үчүн квартал сайын ыйман сабактары өтүлө турган болду. Иш-чаранын уюштуруучусу – Хатлон облусунун аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча башкармалыгы. Дарс угуу үчүн милиция кызматкерлери, активисттер, дарыгерлер жана облустук кеңештин депутаттары да чакырылат. Мындай сабактар апрелдин башынан тартып өткөрүлө баштады деп билдирет “Азаттыктын” тажик кызматы. Ыйман сабагына дискоклубдарда жана ресторандарда жүргүзгөн рейд учурунда кармалган 30га жакын аял катышты.

Аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча облустук башкармалыктын жетекчисинин орун басары Кумринисо Сангалиеванын айтымында, бул иш-чара сойкулуктун таралышына бөгөт коюуга жана ыйманга тарбиялоого багытталган. Былтыр күзүндө Тажикстандын парламенти сойкулук менен алектенген аялдарга карата жазаны күчөттү: эми алар 15 суткага чейин камакка алынышы мүмкүн. Сойкулук үчүн айып пулдун көлөмү да 800 сомониден 1000 сомониге ($125) чейин өстү.

Ал ортодо денесин сатып күн көргөндөр бийликтин бул демилгесин ишенбөөчүлүк менен кабыл алышты. “Эркек ажырашып кеткенден кийин алимент төлөбөй койсо, мурдагы аялы менен балдарына эч кандай материалдык жардам бербесе, анан аял эмне кылышы керек? Ага сойкулуктан башка жол жок калат. Мен жумуш жоктугунан улам ушул жолго түштүм. Жакшы жумуш болсо, мындай кадамга барбайт болчумун”, – дейт 35 жаштагы Гүлсара.

Расмий Дүйшөмбү сойкулукка тартылган аялдардын так санын билбейт. 2015-жылы АИВ/КИЖС (ВИЧ-СПИД), кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча глобалдык фонд Тажикстанда сойкулук менен 14 миңге жакын аял алектенет деп билдирген. Тажиксандын саламаттыкты сактоо министрлиги бул сандарды “негизсиз” деп эсептейт.

Текебаевдин китебинин басылышы үчүн парламенттеги фракция лидерлери 30 миң сомдон акча чогултуп

“Ата-Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев “Убактылуу Өкмөт” деген китеп жазып, аны коомчулукка жарыялады. Китептин бет ачарына убактылуу бийликте жүргөндөрдөн тартып, Бакиевдин тушунда чоң кызматтарда олтурган инсандарга чейин барышты.  Негедир бир кездеги санаалаш досу Азимбек Бекназаров көрүнбөдү. Китепте убактылуу бийликте жүргөндөрдүн дээрлик бардыгынын сүрөтү да бар экен, бирок Текебаев Бекназаровдун сүрөтүн ал жерге да кошпоптур. Саясат дегениң заматта досторду эки жээкке ыргытат турбайбы. Текебаевдин китебинин басылышы үчүн парламенттеги фракция лидерлери 30 миң сомдон акча чогултуп беришкени да сөз болду. Баарынан кызыгы китепти редакторлогон “Ак жол” партиясынан депутат болуп, апрель окуясына чейин парламенттин төрагасы болгон Зайнидин Курманов экен. Китептин бет ачарына барган айрым депутаттар “Бул китеп Бакиевдин биринчи анан акыркы спикеринин китеби болуптур” деп көңүлү чыга бербегендей түр көрсөтүштү.

Булак: “Жаңы ОРДО”

Адил Турдукулов, жарандык активист: Парламенттеги оппозициянын алсыздыгы көчө оппозициянын курчушуна алып келет

“Ошто “Кыргызстан” партиясын күтүшүптүр, анткени бул партия бир добушту 2 миң сомго сатып алышат экен. Шайлоону аукциондой түшүнүп баштадык”. Адил Турдукулов:

– Учурда коомдо журналисттерге да басым болуп атат. Уран Ботобековдун качып кетиши туздөн түз сот чечимине байланыштуу болду, апасы жашаган үйдү конфискациялап ала башташканда өлкөдөн чыгып кетти. Азыр кетип калганына сүйүнүп атса керек, калса ал да камалышы мүмкүн болчу. Маматокторов деген журналист Эркин Мамбеталиевдин адамдарынын сабоосунда калды, аны эч ким жаза албады, тастыктаган документтер болсо дагы. Адилет Айтикеевдин жеке мамилесин шардана кылган тасманын чыгышы да Конституциядагы адам укуктарынын одоно бузулушунун далили. Ал тасма атайын кызмат тарабынан тартылганы тастыкталды. Бир да адам эч кимдин жеке турмушуна кийлигишүүгө акысы жок. Мелис Аспековду “таксистке 100 сом төлөбөй койгон” деген айып менен 5 жылга камашты. Бул ишти укук коргоочулар да козгобой жатышат. Рейдерлик басып алуулар да болду: “ОшТВ” менен “Вечерний Бишкекти” айтсак жетиштүү. Парламенттеги “Бир Бол” оппозицияда турганы менен бийлик тарапка кошулуп кетти. Тескерисинче, “Ата Мекен” көпчүлүк коалицияда турса да кээде чындыкты айтып коет. Парламенттеги оппозициянын алсыздыгы көчө оппозициянын курчушуна алып келет. Аны билген бийлик диалог эмес, басым жасоо менен баскысы келип атат. Жергиликтүү шайлоо тууралуу айта турган болсом, шайлоо акча менен өтүп калды. Мисалы, Ошто “Кыргызстан” партиясын күтүшүптүр, анткени бул партия бир добушту 2 миң сомго сатып алышат экен. Шайлоону аукциондой түшүнүп баштадык. Элди да түшүнсө болот, өтүп алган партиялар баары бир берген убадаларын аткарышпайт, ошондуктан акчасын алып бир жумага болсо да жашагылары келишет. Мына, Россияда кризис болуп, рубль менен сом бирдей теңелип калса да кыргыз мигранттары кайтууну ойлонушкан жок. Анткени, алар бүгүнкү бийликке ишенишпейт. Акыбалдары кыйын боло баштаса да, кайтып келүүнү каалашпайт.

Гүлмайрам Турусбекова

Булак: “Майдан.kg

Роза Отунбаеванын опузасы

6-апрель күнү Өмүрбек Текебаевдин “Убактылуу Өкмөт” деген китебинин бет ачарында Убактылуу Өкмөттүн төрайымы болгон Роза Отунбаева сөз сүйлөп жатып, бир кезде чогуу жүргөн, азыр Өкмөттү башкарып жаткан Темир Сариев, депутаттар Өмүрбек Текебаев, Иса Өмүркуловдорду  катуу чокуду.

“Оппозициянын асылганы бир эле президент болуп жатат, ал киши жалгыз эч нерсе жасай албайт. Силер эмнеге унчукпай олтурасыңар? Эч кандай реформа жүрө элек. Бир министрлик ишти алдыга алып кете турган болсо, аны мактайт элек го. Бул жерде фракция лидерлеринин баары олтурасыңар. Керектүү мыйзамдарды жазбайсыңарбы. Өзүңөргө керек болгон мыйзамдарды жазганыңарды баары билет. Бизде акчалуу саясатчылар баарын бузуп жатышат” деген сөзүн жалындуу айтты да,  “Бакиевдин жанында жүргөндөр азыр да аралашып жүрөт. Бул жерде дагы олтурушат. Данияр Үсөновдун аялы Жогорку Кеңеште депутат болуп олтурат” деп бакиевчилердин арасынан бир гана аялды көргөнүн жашырбады.

Роза Исаковна Бакиевдин жанында жүргөндөр Атамбаевдин айланасында, КСДПнын ичинде кумурскадай эле жайнап кетишкенин көрбөгөн кишидей болгону кызык…

Булак: “Жаңы ОРДО”

Керри Хиросимадагы биринчи атомдук бомбалоо болгон жерге барды

Жапонияга болгон иш сапарынын жүрүшүндө АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри Дүйнөдөгү алгачкы атомдук бомбалоо мемориалына барды. Ал америкалык администрациянын Хиросимадагы Тынчтык мемориалдык сейил багына расмий барып келген жогорку кызматтагы алгачкы адамы болуп калды.

Керри менен бирге Улуу Британия, Канада, Франция, Германия, Италия жана Жапониянын тышкы иштер министрлери Хиросимадагы музейде болуп, жарылуудан каза болгондорго арналган мемориалга гүл коюшту. “Чоң жетиликке” кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Хиросимада дүйшөмбүдө жолугушту.

Андан соң министрлер билдирүү жасап, дүйнө ядролук куралсыз өнүгүшү керектигин белгилешти. Бирок бул идея Түндүк Кореянын кайталанып жаткан чагымчылык аракеттеринен, ошондой эле Сирия менен Украинадагы кырдаалдын курчушунан улам татаалдашып бараткандыгы айтылды.

1945-жылдын 6-августунда америкалык Б-29 бомбалоочу учагы кубаттуулугу 15 килотонна болгон бомбаны Хиросимага таштаган. Мунун натыйжасында 80 миң адам ошол замат набыт кеткен. АКШ ушул жарылуу жана андан кийин Нагасакиде болгон экинчи жардыруу Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташын тездетти деп эсептейт.

Жекшембиде маалымат агенттиктери кабарлагандай, Керри Жапонияга атомдук бомбалар ташталгандыгы үчүн кечирим суроодон баш тартты.

Таласта “төө бурчак уурдады” делген бала асынып өлдү

Талас районунун Козучак айылынын 20 жаштагы тургуну өз үйүнөн муунуп калды. Бул тууралуу маркумдун туугандары «АКИ-пресс» агенттигине кабарлашты. 1996-жылы туулган Азамат Анарбеков велосипед оңдоп, өз унаасында эл ташып жана жергиликтүү базарда унаа тектиктерин сатып, үй-бүлөөсүн бакчу.

Март айынын алгачкы күндөрүндө бейтааныш эки адам Азаматтан унаасы менен Талас шаарына жана Арашан айылына төө бурчак жеткирип берип коюусун суранышат. Азамат 2-3 жолу каттап, баардыгын жеткирип берет. Көрсө, суранган адамдар төө буурчакты уурдап сатып жатышкан экен. Алар колго түшкөндө Азаматты дагы күбө катары суракка чакырышат. Ошондой эле туугандарынын берген маалыматына караганда, козголгон кылмыш иштин алкагында Азаматтын мойнуна дагы «3 мүшөк төө буурчак уурдады» деген күнөө илингени айтылууда. 29-март күнү ал үйүнө келгенде жубайына кырдаалды түшүндүрүп, «эми элдин бетин кантип карайм, кылбаган ишке мени күнөөлөп жатышат» деп айтып бергени маалым болду.

Жубайы Уулжан Дуулатова дагы базарда бут кийим сатып иштегендиктен, Азамат аны эртең менен жумушка жеткирип коюп, үйүнө кеткен. Көпкө чейин телефон чалып, ала албай койгон келин, күйөөсүнө кабатырланып, тааныштарынын бирин үйүнөн карап коюусун суранат. Дал ошол адам Азаматтын асынып калган денесин таап алган.

Быйыл 20 гана жашка чыккан Азамат жарым жыл мурун үйлөнгөн. Атасынан эрте калгандыктан 7-классынан бери велосипед оңдоп, оорулуу энесин багып келген. Туугандарынын айтымында, ал дайыма мыйзам чегинде иш кылууга аракеттенип, такси айдоо үчүн дагы патентти өз убагында алып турган. Өз күчү менен эки бөлмөлүү үй куруп, жеңил унаа сатып алган. Ал эми жесир калган жубайы күйөөсүнүн өлүмүнө милиция кызматкерлерин күнөөлөп жатат.

 

Нуржан АКЫЛБЕКОВА

Булак: “АЗИЯnews”

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу: “Маселе таза чечилгенге чейин тикебизден тик туралы”

Мен өзүм Нарындыкмын. Бир учурда Үзөңгү-Куушту талашып Аксынын эли дүргүп турганда кырсыкка кабылганына карабай тикесинен тике турган кезде “Ой, бул Нарындагы “Үзөңгү-Кууш” үчүн аксылыктар эмне мынча чуркайт?”-деп  айтышкан. “Аалам” –гезитинде иштеп жүрүп Аксы элинин баатырдыгын мен жазып чыккам. Мына бүгүн Нарындын, Көлдүн түбүндөгү кыргыздардын жүрөгү Аксынын жерине  коңшу мамлекеттин  аскерлери кирип келиптир дегенде сыздап жатат. Анткени ар бир кыргыз ушундайбыз. Ар бир кыргыздын жүрөгүндө анын жерине бир кадам   башкалардын буту тийсе жүрөгү сыздайт. Илгертен кыргыздарда мамлекет башчысына бир гана баа берилген. Эгер мамлекет башчысы мыкты болсо, чек арасынан бир кадам ары бербесе  муну мыкты жетекчи, азамат мамлекет башчы болду деп айтышкан. Эгерде бир кадам жерди эч кимге бербей чек арасы кандай болсо так ошондой сактап келген мамлекет башчыны орто жакшы мамлекет башчы деп койгон. Бир эле кадам жерди берип койгон  мамлекет башчыны бул акмак экен, бул элдин шоруна жаралган адам экен дешкен. Бүгүнкү күндө биздин башчыларыбыздын баары кыргыз элинин атабыздан калган кан төгүп жүрүп бизге калтырып кеткен жерин үзүп-үзүп берип жатышат. Мына азыр өзбектер кирип келген жерди башынан баштап эле талаш жер деп айта башташты.  Демек тигилерге “биз силердин талаш жериңерге кирдик” дегенге мүмкүнчүлүк берилди.  Биринчи күндөн баштап силер биздин жерге кыргыздын жерине кирип кеттиңер деп айтыш керек эле да. Анткени аты дагы кыргызча “Сары-Булак”-деп аталып турат. Эгер талаштуу жер болсо айбандыгыбыздан жол салыптырбызбы. Эгер талаш болсо 200 метр алыстыктан жол салып өтпөйт белек? Өзбектерге берели деп асфальт жол салыптырбызбы?  Илгертеден эле кыргыздын жери. Бийлик башында олтургандар эгерде акылы болгондо биринчи күндөн баштап эле “кыргыздын жерине  кадам таштадың, токтот мындайыңды” деш керек эле. Ошондуктан урматтуу эл, бүгүнкү курултайда биз акылдуу чечим кабыл алышыбыз зарыл. Жогоруда айтылгандай  Ислам Каримов дагы акылдуу адам.  Менимче бекер жерден эки элди кагыштырып койбойт.  Биз Ислам Каримовго “мамлекеттин башындагы бир адам үчүн эки элдин ортосундагы ынтымакты бузбаңыз.  Аскерлериңизди чыгарып кетиңиз. Кыргыздын жерине бир кадам дагы тийбегиле. Биз силерди сыйлайбыз, силер бизди сыйлагыла”-деп айтышыбыз керек. Ошондой эле Путинге дагы “Орто Азия элинин ортосундагы ынтымакка көңүл бөлүңүз. Ушундай кадамдар болуп жатат. Сиз мындай кадамдарга кийлигишип, ынтымак менен чечип бериңиз” деш керекпиз. Мына ушунда гана биз жеңишке ээ болобуз. Эгер эл ушинтип дүрбөбөсөк,  кыйкырып сүйлөп өз талаптарыбызды койбосок “постун койсо коюптур, акыры ары жагына же бери жагына чечилет да” -десек каалаган жагына чечип коюшат. Антпейли, бул маселе таза чечилгенге чейин тикебизден тик туралы.

 Булак: “Жаңы ОРДО”

Аалам партиясынан ааламга кетчү дарактар

Коомдук саясый ишмер Жылдызкан Жолдошева  менен  Асланбек Малиев башында турган  “Аалам” партиясы  Ата-Бейит мемиоралдык комплекске  атайын жакшы тилек менен бак олтургузду. Башка жактан сатылып алынбай  өзүбүздүн Асланбап жаңгак токоюнан алынып келгинген алма, жаңгак көчөттөрү олтургузулуп арбактарга куран окутулду. Ата бейитте жаткан аталарыбыз, 7-апрелде каза болгон баатырларыбызды арбагына жасалган сый урмат  мындан ары да жасала берээрине эч ким шектенбейт. Бул тууралуу Жылдызкан Жолдошева “Аалам” партиясынын Ноокен районундагы Манас Акматовдун демилгеси менен  200 бак дарактын көчөтү алынып келинген. 150 даана жаңгак, 50 алмак көчөт тигилди. Бак тигүүнүн негизги максаты Кыргызстанда тынчтык, биримдик өнүгүү болсун деген ой менен алып келдик. Бүгүн, биздин партиянын өкүлдөрү гана катышып Ата-Бейит биздин ыйык жерибизге алып келип тиктик.  Ата-Бейитте сөөгү жаткан азаматтарыбыздын урматына тиктик. Буйруса жакшылыктарга буйрусун” –дейт. Ал эми Асланбек Малиев болсо мындай иштер дагы уланаарын айтып биз менен оюн бөлүштү. “Бул биринчи жолу эмес.  Ишембилик өткөрүп  дарактарды, гүлдөрдү эгип койгонбуз. Менин төрөлгөн жеримден  Асланбаптан атайын жаңгаң көчөт алып келишиптир. Тогуз-Торо шаарынын  урматына дагы ошол жакка да тигебиз деген ой бар” дейт ал. Албетте дарак тигүү адамдын милдети болуп эсептелингендиктен мындай демилгени  баардыгыбыз колдошубуз керек деп ойлойм.   Атайын алынып келинген дарактар көктөп, партиянын иши да алдыга жыла берсин.

 

Булак: “Жаңы Ордо”

Качкынбек Булатов, укук коргоочу: “Атамбаев, оппозицияны өзүндөй көрүп революциядан чочубашы керек”

Алгачкы Алмаз Атамбаев президенттикке аттанганда “арыктан сүт агызам, майлуу жээкте” жашайсыңар деп форумдун алдынан убадасын бергенде кол чаап ийгенибиз чындык. Кээ бир шектүү кадамдарына анчалык деле деле маани бербей, алдыдагы Бакиевди бийликтен кулатуу максатты ашырганга умтулган элек. 2005-жылкы революциядан кийин Атамбаев өнөр жай министри боло калып, иштей албай калганын көзү жетип, жөн кетпей Бакиевди жамандаганда биз ишенип иштин көзүн билген жаратман экен деп ойдо калганбыз. “Бакиев таптакыр иштин көзүн билбеген алдамчы экен, жөн эле үй бүлө болуп уурулук кылганга бийликке келиптир”, десе биз кош колдоп урматтаганбыз. Ал убакта Атамбаев калпычы экенин билген эмеспиз.  2006-жылы кеч күздө реформа деп оппозиция күчтөрү, чон митинг уюштуруп Бакиевди конститутцияны өзгөртүүгө мажбур кылганга колдогон элек. Конститутция өзгөргөндөн кийин, убактылуу болсо дагы, жеңишке жеткенибизге сүйүнгөнбүз. Кийин 2007-жылы апрель айлаларында Ф. Кулов “Элдик фронт” кайра чоң митинг уюштурганда, оппозициянын ичинен бир далай саткын саясатчылар пайда болгон, Бабанов, Эшимканов, Карыбеков тымызын Бакиевдин бийлигине өтүп Бакиевди аябай макташып оппозицияны жамандаган эле. Ошондо Атамбаев алардан ашып, тымызын өзүнчө Бакиев менен сөз таап ийгиликке жеткен, жаңы эле премьер министр К. Исаевдин ордуна бара калып, элди Ала -Тоо аянтынан “бараны” деп кууп чыккан эле. Кийин арактан колу бошобой “запой” болду деп же дагы өзү орулуу неме, айтор ууланды деп Турцияга барып, айыгып келди. Ошо кездеги Бакиев, Атамбаевдин жүзүн элге көргөзүш үчүн кошоматчы экенин далил катыры, орден берип, эч бир капарсыз Атамбаев жан талаша кошомат кылып “Сиз президент болооруңузду мен билгем, сизден башка президенттикке эч ким татыктуу эмес” деп сүйлөгөнүн сөзүн КТР аркылуу берилгенди, биз унута элекбиз. Бакиев орден берип Атамбаев мактагандан кийин ошол замат Ак үйдөн кууп жиберген, байкуш Атамбаев бир далай эсине келе албай жүргөн эле. Тагдырдын тамашасы Атамбаев акыры жеңишке жетип, бийликке келгенден кийин, Бакиевди шатыратып сөгүп, мокуну калганча жамандап келүүдө. Эгерде Атамбаевдин акчасы жок болгондо саясый өлүк бойдон калмак эле. Ошо мезгилде Атамбаевдин тагдырына, Текебаев акчасына карап колдоо көргөзүп, тагдырына чон роль ойногон. Атамбаевда бардык шартты бар экен, акчасы, көп бөлмөлүү офиси, зал, бекер тамактанууга “столовый” ачып койгон, транспорт менен камсыз болгондуктан, “ставканы” Атамбаевге коёбуз деп, Атамбаевдин туусун көтөрүп калган элек..

Ошол эле Атамбаев кийин өзүнүн айткандарын унутуп Бакиев – Куловду ашатып сөгүп, Бакиевди мен президент катары көрбөйм деп айтып жүрөт. Чындыгында Бакиевдин бийлигин кулатуу учун, оппозиция эмне деген айла амал, кадамдарга барды эле. Пикет, митинг, жөө жүрүш, ачкачылык жарыялап, ар кайсы механизмдерди чыгарып отуруп, акыры жарандык пикир түзүлгөн болчу. Ошо амал, кыймылдарды уюштуруп, Ысык-Көлгө курултай, наразы жөө жүруштү. Атамбаев өз жанынан каржылаганын унутуп калдыбы, ошондогу информатикалык талаада берилген материалдардын кызыгы, азыркы Атамбаевдин доору сүрүп жатса деле коёндой окшош материалдар кетип жатат. Себеби мамлекеттик башкаруу системасы ошо бойдон калды, баягы эле уурулук жол менен келетат, керек болсо мурункудан аша чапты. Атамбаев мамлекетти демократиянын негизинде тең салмактуу бийлик орнотуп, өлкөнү кризистен алып чыгабыз дегенде, Атамбаевди күн менен айга теңеп ийип, ишенүү артык эле. Билегибизди түйүп Бакиевдин бийлиги менен күрөшкөнбүз. Акаев – Бакиевдин бийлигинен  көрдүк, куугунтук, коркунуч жашоону жеке башыбыздан өткөрдүк, кайсы жыргалчылык үчүн? Алардын баарын Атамбаев бийликке келери менен барыбызды катардан чийип  унутуп калды. Ошондогу жана азыркы милиция, кылмышкер топтор, спортсмендерди, обон аялдар, дежурларды, айыл өкмөттөрдү, оппозицияга каршы чыгарып келгенин барыбызга белгилүү, азыр дагы ошо кырдалга келип турабыз. Азыр дагы үлпүлдөп турган оппозицияны камап отурат. Атамбаев унутуп калыптыр, канчалык бийлик зөөкүрчүлүккө теңсиздикке барса карама каршылык жаратып акыры эл жеңишке жетет.  Эл ого бетер  чыңалып,  курчуп жаны айла амалдарды ойлоп таап, каршылык жаратып келет. Оппозиция активдери мыйзамсыз куугунтукка учураганда, жөн жеринен камакка алынганда, же өмүрүнө кол салганда, активистердин арасында ар кайсы сөз сүйлөнө берет. Аксы окуясынан кийин Акаевди атып таштаса жакшы болмок, түп жумурткасынан кийин Бакиевди атып таштаса жакшы болоор эле, эл мынча кыйналбайт эле деп кеп кылгандар болгон. Арабыздан озуна ээ боло албаган лидер сөрөйлөр,  Бакиевди атканга бирөө бар, бир миллион берсеңер атып берет, экинчиси 500 000 миң долларга мен атып берем. Ой мага жүз миң доллар берчи мен эле атып берем, деген сөздөр сүйлөнө берчү, бирок бирөө да чындап андайга барган эмес. Азыркы тапта, чын чынына келгенде, эл колдогон оппозиция жок, болгону мурун кызматтан иштей албаган же уурулук кылган экс демогог оппозиция бар, алардын барында менчик партиясы бар, партияны жалгыз өзү гана түптөйт. Ошо оппозиция Атамбаевдин чабалдыгын пайдаланып, өлкөнү натыйжалуу башкара албай, эл сыйлай билбеген, элин шылдыңга алып келген үчүн, мамлекетти экономикалык кризиске алып келгени үчүн оппозиция жанданып, ажонун кетирген каталарын пайдаланып жатат.

Көрсө азыркы оппозиция саясый кризисти колдон чыгарбай, активдешип жатат,  Ошондуктан Атамбаев өлкөнү башкара албай, тегереги пара, акча алуу менен алек болуп, баш аламандык болуп жатканын мойнуна алыш керек. Бийликти мурункудай күч менен басып алгыдай оппозиция жок, эч ким көңтөрүштү энсеген жок, бирок Атамбаевди жек көргөндөр көбөйүп келетат, ал чындык. Атамбаев күч менен басып алгандардын акыркысы болушу мүмкүн. Басып алган кадамды Атамбаев толугу менен мойнуна алышы абзел, себеби жетектеп жана каржылаган ким эл, саясый коомчулук, бийликти күч менен басып алганды колдого албаган калган, алдамчы саясатчылардан алданып бүткөн, убадачыларды көргүсү дагы келбейт жана аларды эч ким колдобой калган. Баягы  Атамбаев, ТЕКЕбаевдерди элди алдагандан номер өтпөй калган, жөн эле оппозиция делген ЭКСтерди эл эрчибейт. Атамбаевдин жоругу курусун, тантып сүйлөгөн сөздөрү, элдин кыжырын келтирип жатканын билбейби. Оппозицияны жандантып жаткан  Атамбаев өзү сезбей жатат. Чындап келгенде азыркы убакта Кыргыздын таянар тоосуу жок, таза, жаратман эл үчүн күйгөн Кыргыз кайда? Ушундай эл кыйналып турганда, уурулар бийликти басып алганда, келсе болмок Кыргыз уурулардын сазына чөгүп баратканда, болбогон жок шылтоо менен оппозиция камаганы, Атамбаевге абийир, ДАНК алып келбейт. Оппозицияны камап өзүнүн суу кечпеген саясатын жүргүзөм дегени менен, ыплас саясат жүргүзүп жатканын башыбыздан өткөрүп келетабыз. Сасык саясатты элге сиңбейт, сасыкты таза саясат жаралганга түрткү берерин унутпаса, эл үчүн кызмат кыла турган лидерге жол ачылат. Темир ушунусу менен курчуйт эмеспи. Президент өзүн өзүнө каршы кадам жасаганын байкабай калды. Баягы оппозицияга каршы Юпи гейт, Токтокүчүк Мамытов, бир убакта оппозиция жандана баштаганда, айласы кеткенден Жаныш Бакиев Үрүмчүдө отуруп алып оппозицияны каржылап жатат деп шылдыңга калган, болбогон дезинформация КТРден таркатканга акылы жеткен. Ушуга окшогон генералдар Атамбаевди жардан түртүп түшүшөт. Кошомат бийликке сыйынуу өтө опурталдуу болот, “Самаркандан саман учту десе, жоо чаап келетат” дегендей, оппозиция көңтөрүш кылып бийлигимди басып алганы турат деп, 37 жылдагыдай адамды камаганы туура эмес. Бозодогу болбогон сүйлөшү сөздү жаздырып алышып, камакка алганы, бийлик мыйзамдуулуктан чыгып баш аламандыкка барып жатат. Оппозиция менен келишип алган деп Өзбек мамлекетин дагы күнөөлөп жатканы жакшы эмес. Кошуна менен ынтымакта болбосок ишибиз онолбойт.

Укук коргочу

Качкынбек БУЛАТОВ

Камчыбек Ташиев, экс-депутат: “Кудай буйруса биз мамлекетибизди сактап, коргоп калабыз”

Урматтуу аксылык туугандар. Азыр бизге ынтымак аба менен суудай керек. Эли жерибизди тарттырып жибербейли. Эч кандай бул жерде бөлүнүп алып, же бул бийликти кетирели башка бийликти алып келели деген сөздөрдү айтпастан жерибизди сактап калалы туугандар. Бүгүнкү күндө мамлекет,  кыргыз элинин келечеги жөнүндө ойлонгула. Мына ошондо биз жеңебиз, алдыда болобуз, ошондо гана кыргыз жери бүтүн болот. Мен бул жерге бийликти жамандайын, бийликти тартып алайын, бирөөнүн байлыгына көз артайын деп келген жерим жок.  Жеримди элимди коргош үчүн даяр келдим.  Бул жерде сиздер үчүн келип олтурам. Эгерде кыргыз мамлекетимдин башына иш түшсө ар дайым алдыда, силердин жаныңарда турам. Мамлекетимдин башына иш түшсө кандай адамдар менен болбосун биригип коргоого даярмын. Баардыгыбыз ушундай бололу. Бүгүнкү күндө керекпи чек арабызга тирүү чеп болуп туруп беребиз. Бир кадамды бери киргизбейбиз туугандар. Бул кыргыз жери, элибиздин жери. Туура кээ бирлер бул такталбаган жер деп айтып жатышыптыр.  Мен азыр  80 жаштагы аксакал менен сүйлөштүм. Ал киши ошол жерден ата бабаларым өткөн, кыргыздын жери болгон, жер такталып, картасы чийилип, жаңы жол салынган  деп жатат.  Эсиңиздерде болсо керек, айылдын арасында эски жолдор менен жүрчүбүз. Ошол эски жолдор жабылгандан кийин болуптур деп жогору жакка жол салдык. Жол салганыбызга жыйырма жылдай болуп калды. Эгерде ошол салынган жолубуз туура эмес болсо эмне үчүн жыйырма жылдан бери эч ким унчукпайт?  Андан кийин он жылдан ашып калды  ал жолду асфальт кылдык. Эч ким ошол жерден унчуккан эмес.  Мына бүгүн келип алып биздин кан тамырдай болуп  катташып турган Ала-Бука Чаткалыбызды, Аксыбызды бөлүп олтурат туугандар. Урматтуу аксылыктар, урматтуу кыргыз калкым, эгерде бийликтегилер, бийлик ээлери бүгүн силер колуна карматкан бийлиги, мамлекеттин күчү менен ушул маселени чече албаса, анда биз чечишибиз керек. Аны үчүн мен силерди акылдуулукка, ынтымактуулукка чакырамын. Бул жерде урушуп талашып, олтургандын кереги жок. Келгиле биз баарыбыз бул жер биздин жер, талашсыз биздин жер, бул жерди биз баары бир алабыз деп айтып турушубуз керек. Мына ошондо гана жеңебиз. Эгерде биздин чоңдорубуз ким экенин мен азыр түшүнбөй калдым. Ошол жогору жактагы чоңдорубуз биздин мусулман коңшу  мамлекетибиздин чоңдору менен сүйлөшүп алар менен мамиле түзүп, ушундай чыккан маселени чече албаса анда бизге алардын эмне пайдасы бар.  Өзбекстан мамлекетинин президенти Ислам Абдуганиевич Каримов бул өтө акылдуу, өз мамлекетин 25 жылдан бери башкарып келе жаткан киши. Биз бул кишиге азыр жаман сөздөрдү айтып, өзбек калкына же өзбек республикасынын атына жаман сөздөрдү эч качан багыттабашыбыз керек.  Бизге уруш-талаш, мушташ, согуш керекпи,  анын бизге кереги жок. Бизге ынтымак жана өзүбүздүн жерибиз керек.  Такталган чек арадан уруксаты жок бир адам өтпөсүн, каршы сөз айтпасын. Биз дагы айтпайлы.  Биз урматтуу коңшуларыбызды сыйлайбыз. Биз Өзбекстандын башчысын, анын бийлик ээлерин, элин журтун баарын сыйлайбыз. Бирок алар биздин жерибизге тийбесин. Эгерде биздин жерибизге тийе турган болсо, кыргыз бир муштум болуп барып аларга тийебиз. Ошондон сактанышсын. Ошондуктан мен сиздердин атыңыздардан Аксы, Ала-Бука, Жалал-Абад, Чаткал, Бишкектен келген элдерден суранып кетемин. Урматтуу коңшулар, өзүңөр кирдиңер, өзүңөр жашынакай болуп чыгып кеткиле. Бул биздин жер, кайсыл убакыт болбосун убакыт келет жерибизди кайрып алабыз. Айрыкча чек арабызды бузуп өткөн ызы-чуу болуп жаткан жерде биз ынтымактуу бололу. Ушул жердеги аким же башка бийлик өкүлдөрү болобу ушул жерди берип коёлу деп олтурбаса керек. Мен ушинтип ойлойм. Мен акимди тааныбайт экенмин Медет деген бала экен. Ушул аким деле жерибиз Өзбекстанга өтүп кетсин эптеп мен бийлигимди сактап калайын дебесе керек. Эгерде ошондой кара ою боло турган болсо ал акимди кууп чыгып, жок кылып коюш бир эле минуттук иш. Андан кыжаалат болбогула. Биз унчукпай, баардыгыбыз макул-макул деп жүрүп  жерлерибизди алдырдык.  Эми бул жерге кирип келди. Ошондуктан туугандар сүйлөгөн сөзүм жүрөгүмдөн чыгып жатат. Мен силерге жаттап алган сөздөрдү айтып жаткан жокмун. Бийликтин же оппозициянын  буйругун аткарып жаткан жерим жок. Мен кыргыз элим, жерим үчүн күйүп келип олтурамын. Дагы бир жолу айтайын мен баарына даярмын. Атайын кийимимди кийип келип олтурамын. Керекпи ошол жерге барып жатамын силер менен. Бүгүнкү маселеге салмактуу карап, кызуу кандуулукка алдырбайлы. Бүгүнкү маселени пайдаланып туруп жакшы жаман жагынан өч алганды токтотолу. Эгерде ушинтип бири-бирибиз менен талашып-тартышып жатсак  биздин арабызда чек арабызды бузуп өткөн адамдар турат. Алар азыр барып  кыргыздар экиге бөлүнүп алып бири-бири менен мушташып, тытышып жатышат. Туура болуптур, дагы көбүрөөк жерин алалы, көбүрөөк кирели” -деп айтышат.  Ошондуктан туугандар келгиле, дагы бир жолу ынтымакта бололу. Бийликти ала турган, бере турган, бийликти тартып ала турган убакыт башка. Ал азыр убакыт эмес туугандар. Акимди алгыңар келеби келгиле иш токтосун баары бүтсүн, анан секин келип маселени жашынакай чечип алсаңар болот. Бүгүн айыл өкмөткө, акимге жана башкага асылбагыла. Бирок ынтымактуу болгула. Ошондо гана жеңебиз.  Азыр барып  чек араны кууп чыгыш айыл өкмөт менен акимдин колунан келбейт экен. Бирок сиздер 2011-жылы сиздер өз колуңуздар менен мамлекеттик бийликти тапшырган адамдар бар. Ошолор чечим кабыл алсын. Мына  чындыктын убактысы келди.  Эми ошол бийликти каякка жумшайт. Менин артымдан чуркатып, мени кубалаткандан көрө, Бекназаровдун артынан чуркатып анын артынан кубалаткандан көрө ошол бийликти мамлекеттин чек арасын коргогонго элдин жакшы жашоосуна, келечегине жумшасын. Ошондуктан мен үйдө жата алган жокмун. Дагы бир жолу айтайын, бул жерге упай топтоп уруш талаш кылайын деп келгеним жок.  Ынтымакка чакырайын деп келип жатам. Бүгүн ар бир кыргыз Талас, Нарын, Ысык-Көл, Бишкек, Чүй, бул жагы Жалал-Абад, Ош, Баткен баардыгы аксылыктар үчүн кабатыр. Бизди карап тургандарга күлкү болбойлу. Душманга күлкү болсок анда баарын кошо алдырабыз. Менин ушунчалык жаным чыгып, бийликтин жанын сууруп ала турган сөздөр менен айтсам болот. Менин артымда душман турат, ошондуктан өзүмдү кармап сабырдуулук кылып жатам.  Бийликтегилер менин, кыргыз элинин  душманы эмес. Бирок элди туура эмес, же начар башкарып жаткандыгы туура. Бирок элди начар башкарып жатасың деп душмандарга, менин артымдан сайып жиберем дегендерге күлкү болуп, өзүбүздүн дарбазабызды ачып беребизби. Жок андай кылбайбыз. Балее болсо дагы чыдап, душмандарды киргизбейбиз.  Бул жерге  жалгыз Кербенден келбесе керек, жер-жерлерден келди. Баарына айтып коюңуздар. Азыр ызы-чуунун, уруш талаштын кереги жок. Баардыгыбыз бир муштум бололу. Кудай буйруса биз мамлекетибизди сактап, коргоп калабыз.

Баяна Кулова

Булак: “Жаңы ОРДО”

Өлкөдө дагы 105 депутат пайда болду

“Элдик парламент” коомдук бирикмеси түзүлдү. Бул тууралуу маалыматты аталган коомдук бирикменин басма-сөз кызматы билдирди.

“Элдик парламент” атындагы коомдук бирикме 12-апрелде борбор калаабыздын Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканасында саат 10-00дө чоң жыйын өткөрөт. Коомдук бирикменин курамын 25 жыл аралыганда өлкөгө ак кызмат кылган, коррупцияга малынбаган, чыныгы мамлекетчил инсандар түзөт.

Уюштуруучулардын айтымында, өлкөнүн тазалануу, жаңылануу багытында “Элдик парламент” коомдук бирикмесинде шайланган 105 депутат өлкөдөгү саясий жана социалдык-экономикалык абалды, эл мүдөөлөрүн жаңы формада талкууга алып, аны чечүү жолдорунун сунуштоо багытында иш алып барышат.

Андан сырткары оппозицияга да, бийликкке да көз карандысыз, мыйзам үстөмдүгү менен иштеген эл өкүлү институттун түзүүнү пландашкандыгын билдирди.

Асман Муратова, “Элдик парламент” коомдук бирикмесинин мүчөсү

Надира Нарматова, экс-депутат: “2010- жылда убактылуу өкмөттүн мезгилинде берилген убадалары боюнча бүгүнкү күндө светтин баасы үч эсе көтөрүлдү”

 

Бир мезгилдер келет кара тамга менен жазылып тарыхта калган апрель окуясына бизден кийинки муундардын катары акыйкатка тике карап, тарыхтын апрель окуясы деген барактарын изилдеп көрүп өз баасын берет. Негизгиси бүгүнкү коомдо оң жактарынан сабак алууга тийишпиз. 2010- жылда убактылуу өкмөттүн мезгилинде берилген убадалары боюнча бүгүнкү күндө светтин баасы  үч эсе көтөрүлдү, Токтогул ГЭСтин суусу ашып-ташып көбөйүп кеткен жери жок. Жашоодо азык- түлүк жана башка керектелүүчү товарлар арзандамак түгүл токтоосуз баа өсүп инфляцияны алган айлык, пенсия , пособиялар кууп жетмек түгүл шоосуна илешпей калды. Жумушчу орундар тузулуп завод фабрика курулуп, өндүрүштөр уюшулуп калган жери жок. Жеке менчик майда ишканалар курулганы эле болбосо. Тышкы карызыбыз үч эсе өстү. Саламаттык сактоо, элге билим берүү, айыл чарба,  маданият тармагында,  сот системасында, укук коргоо органдарында, социалдык системасында реформа болмок түгүл акыбалына мышык ыйлагыдай акыбалга жетти. Коррупциянын схемасы балдар бакчасынан баштап жогорку эшолонго чейин тамыры болуп көрбөгөндөй өскөндүктүн натыйжасында, справка эмес саламды да адам тандап берген саламына да акы төлөй турган акыбалга жеттик. Мамлекеттик башкаруунун вертикалдык системасы түзүлгөн жок. Кадрларды даярдоо, кесипкөй, тажрыйбалуу адистерди тиешелүү тармактарга даярдап кою маселеси дагы эле унутта калып олтурат. Жулкунбайлар же болбосо 20-30адамдан башка Кыргызстанда кадрлар кырылып калгандай эле бир орундан бир орунга секирип жүрүшөт. Оппозиция деген топтор көчөдө эмес, парламенттин ичинде да калган жок. Парламенттин курмын болсо  көрүп турасыңар. Алты жылдан бери 5,6 жолу түзүлгөн өкмөт “өрт өчүргүч” болуп күнүмдүк майда-чүйдө муктаждыктардын чөйрөсүнөн эле чыга албай жүрөт. Республикалык бюджеттин эсебинен курулган мектеп, көпүрөнүн ачылышында лента кесип өздөрүн пиарит  эткени болбосо. 2017- жылга чейинки кабыл алган Мамлекеттик программанын тизмегин карап көргүлөчү аткаруу бийлиги эмнени жасап, эмнени өзгөртүп, эмнени реформа кылып жиберди экен? Партияларга көз каранды болгондуктан өмүрүндө бир күн мамлекеттик кызматта иштебегендер, тажрыйбасыз, билимсиздер, бир бирини сүдүрөп бир үй бүлөдөн бир канча адамдар парламенттин, өкмөттүн курамына, аткаруу кызматтарына келип , ээлеп олтуруп калып жаткандыктан, акыбалыбыз ушундай денгээлге жетти. Кадр маселесинде мамлекеттик , муниципиалдык кызматтарга конкурс деп коюшуп, буткул коррупцияалык схема ошол жерде болуп жатат. Себеби тиешеси барбы, жокпу 1000ден ашык суроонун  ичинен 60 суроону коюшуп, конкурстан өтсө да аңгемелешүү деген экинчи турду өткөрүшүп баякы эле көз тааныштарды коррупциялык жол менен кызмат орундарга алып жатышат. Себеби  бардык нерсе кадрларга байланыштуу болот. Республикалык бюджетти пайдаланууда бардык тендерлер коррупциялык жол менен өткөрүлөт. Өздөрүнө тиешелүү компанияларга уттурушуп коюп бюджеттин акчасын 20-30 процентти тиешелүү тармактардагы төмөндөн жогоруга чейинки жетекчилер, бардык тармактарда башкы бухгалтери менен уурдап жеп олтурушат. Укук коргоо органдары, прокуратура, АКС, Финполиция , эсептөө палатасы деген кызматтар текшерүүсүн токтотпой аларда ууру жетекчилерди коркутуп, коррупциялык схема менен акчаны өздөрүнө чогултуп, бардык ууруларды өздөрү жаап жашырып келишет. “Желмогуздун чоңунан кичинеси коркунучтуу”-демекчи орто жана төмөнкү баскычтагы бардык тармактагы жетекчилер уурулар болуп эсептелет. Алар тымызын жүрүп алып карапайым элдин, мамлекеттик бюджеттин канын соруп жаткандар. Ошондой жетекчилердин министрлердин жашоосуна анализ жасап көргүлөчү кандай үйлөрдө, кандай машиналарда, кандай жашоодо жашап жатышты экен.  А мен айткан орто жана төмөнкү эшолондогу жетекчилер негизги мамлекеттин канын соруп жаткан уурулар болуп эсептелет.

Баян Кулова

Булак: “Жаңы ОРДО”

Адилет Айтикеев, “Искра плюс” гезитинин башкы редактору: “Өзгөчө азыр “КСДП” фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков абдан кеңсеме көп келчү дейт”

-Адилет мырза, жакында эле Минск шаарына  Жаныш Бакиевге барып журналист катары маек алып келгениңиз коомчулукту дүрбөлөңгө салды.   Ар кандай сөздөр айтылып келе жатат. Кандайча кантип барып келдиңиз, айтып өтсөңүз?

– Бийликтин адамдары ар кандай сөздөрдү чыгарып жатышат, анын баарын түшүнөм.   Орустардын “адам өзү кандай болсо башкаларды ошондой ойлойт”-деген.  Мурдатан эле  ичимден Жаныш Бакиевден маек  алсам деген ойду ойлоп жүрчүмүн. Себеби  ар бир бийликте өзгөчө сырдуу,  башкача  фигуралар болот эмеспи. Бакиевдин убагындагы өзгөчө фигуралардын бири Жаныш Бакиев болчу. Мага кызык туудурганы бир кезде  укук коргоо органдарда иштегени,  анын аркасы менен  бир топ чуулгандуу маселелерди  ызы-чуулу иштерди ошол кишиге байлап жүрүшпөйбү. Мен маңдай тескей олтуруп, сүйлөшүү ниетим бар болчу. Ортодо  интернетте  башкаларга окшоп канкор деген сыяктуу сөздөрдү көп жазчумун. Бир күнү  байланышка Асылбек Салиев деген Жаныш Бакиевдин  баласы “дайыма атам жөнүндө жаза бересиң,  тажаган жоксуңбу? Андан көрү  жолугуп маек албайсыңбы? Эгерде  ошончолук эле курч,  эркин  чындыкты  жазган журналист болсоң” дейт. “Сөзсүз барам, бирок сылап сыйпаган үстүртөн  маек кылбайм. Курч суроолорду берем, ал киши генерал катары  жооп берсин. Ошондо гана  мен  макулмун” -деп айттым.   Макул болуп  маекти уюштурду. Антип минтип мен каражат таап барганча  15 күн убакыт өтүп  кетти. Бараарымды эч кимге айткан эмесмин. Атайын кызматтар билип  алышыптыр. Бардым, беш саттын тегерегинде ачык  маектешүү болду. Асылбек поездден  тосуп алып, атасынын кеңсесине  маектешүүгө алып барды.

-Биринчи берген сурооңуз эмне болду?

-Ал абал сурашмайдан баштадык. Негизги интервьюнун өзөгүн  албетте чуулгандуу кылмыш иштери, сыртынан соттолуп жаткандыгы боюнча болду. Мисалы 2005-жылы 25-мартта Жалал-Абаддагы облусттук банкында жоголгон 22  миллион сомдун айланасынан баштап, кылмыш иштер, адам өлтүрүүлөр, этеги келип Анапияевдин  өлүмүнө чейин  кеңири маектештик.  Маек абдан кооптуу кырдаалда өттү.  Себебин дагы түшүндүм. Адамга кечке эле жагымсыз суроолорду бере берсең ыңгайсыз абалда калат. “Бүгүнкү күндө кыргыз коомчулугунда кандай суроолор үйүлүп,  талкууланып жатса баарын алып келдим”-дедим. Унчукпай олтура бергенден көрө ар бир суроого жооп узаткан жакшы.  Мындай маек жасабасам анда обьективдүү журналист боло алмак эмесмин.  Муну албетте  Бакиевчи деп кечээги өзү Бакиевдин колуна  кумган менен суу куюп, бутун жууп жүргөндөр кыйкырып жатышат. Алардыкы эми түшүнүктүү да.  Алардын максаты бирөөнү каралаш керек.

-Жалал-Абаддагы банктын тонолушу боюнча  Жаныш Бакиев эмнелерди айтты?

-Азыр интервьюларды улам редакторлоп карап жатам.  Ал жерде  банктан көп суммадагы  акча табылган экен. “Ошол акчаны бизге алып келди. Мен    Жалал-Абад областынын  ШИИБинин башчысы болчумун.  Биз аны атайын  адамдардын катышуусунда  протокол түзүп, тийешелүү акты түзүп  өткөрүп бергенбиз.  Аны менен кечээ соттун чечими чыкканда гана тааныштым. Таптакыр түшүнүксүз адамдар ортодон чыга калып көрсөтмө берип жатышат”-дейт.

-Өтө чуулгандуу мурдагы администрация башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүн Жаныш Бакиевден көрүп жүрүшөт. Ошону кандай айтты?

 -Аны мен майда чүйдөсүнө чейин айта албайм. Бирок өзүнүн жоопторун берди. Ар бир адамдын өзүнүн чындыгы бар да. Пикирлерин жоопторун айтты.

-Кандайдыр бир деңгээлде күнөөм бар деп айттыбы?

– “Көп иштерди көз жаздымда калтырган иштер болгон, мойнума алам” деди. 7-апрель боюнча  БТРдин айланасындагы адамдарга,  курал көтөрүп келип, ак үйгө атака кылган адамдарга ок атууга буйрук бергем деди.  Максим Бакиев менен мамилеси абдан татаал экен.  Айрым жерлерде Курманбек Бакиевдин өзүнүн баласынын айтканын чыга албай  артыкчылык бергендигин,  акыркы учурларда көөп кеткендигин  бир топ фактылар менен сындады.  Жаныш Бакиевдин көп эле айткандарына ишендим.  Күмөндүү жерлери болду бирок,  көп маселелер боюнча айткандары мени ынандырды.

-Бүгүнкү күндө  ошол мезгилде өлгөн аттуу баштуу депутаттардын, бизнесмендердин   өлүмүнүн баарын  Жаныш Бакиевге төңкөп жатышат. Бул тууралуу дагы суроо берсеңиз керек э?

-Мен баардыгын суроо бердим. Баяман Эркинбаев, Санжар Кадыралиев,  Павлюк, Сыргак Абдылдаевге чейин суроо бердим, ал киши өзүнүн жоопторун берди. Кызыктуу эле маек болду деп эсептейм.

-Алмамбет Анапияевдин өлүмү боюнча эмнелерди айтты?

-Белорусия тараптын  укук коргоо органдарынын даректүү  видеолору фото материалдары чыгып жатпайбы. Ошол фактыларга  таянып ойлорну айтты. Аны кыргыз коомчулугу  деле түшүнүп турат да кандай жасалганын.

-Бизде радио менен телеге ишене берет да.

-Интернеттерге баары чыгып жатат го.

– Анапияевдин өлүмүн Жаныш Бакиев өзүнүн  кылмыш иштерин жабыш үчүн ошол жерге  алып барып өлтүрттү деп жатышат дегеним.

-Ар бир кылмышкер өзүн өзү акташ үчүн  сөзсүз бирөөгө жалаа жабат.  Анын баарын Белорусиянын укук коргоо органдарынын видео фото  материалдары ачыкка чыгып жатпайбы. Анапияев боюнча  көп далилдер ачыкка чыгат.  Ошол эле коштоп келген адамдар, ким коштоп  келген, ким кайсыл жак аркылуу учкан,  кайсыл жерде болгон далилдеп коюшту го.

– Азыркы  генерал Турганбаев жөнүндө да сөздөр болсо керек албетте.

– Эми ИИМ министри  Мелис Турганбаев жөнүндө абдан көп сөз болду. Экөөнүн ортосундагы келишпестик  журналисттер менен саясатчылардын арасында белгилүү.

-Кулак сөөмөй чыры боюнчачы?

-Ал боюнча да өзүнүн жообун берди. Мен аны азыр айтпай турайын.  Бирок Мелис Турганбаев боюнча башкаруу ыкмалары, азыркы учурда жасап жаткан иштери  бир топ пикирлерин билдирди.   Өзүнүн каналдары аркылуу алган маалыматтарды айтты.

-Кандай маалыматтарды?

-Маектин баарысын силерге айтпай эле коёюн. Маек буйруса  “Искра” гезитине толук бойдон 12-апрелде жарыкка чыгат.  Мен баарын  карап текшерип, окуп иштеп жатам. Муну катасы менен чыгарып жиберсем шашып чыгарып жиберсем ушуну да жөндөп жаза албайт деп менин тырмакчанын ичиндеги досторум айтып чыгышат.  Ошондуктан баарын карап анан чыгарайын дедим.

-Сиз “Манас” аба майданга келэээриңиз менен укук коргоо органдары, үч тамганын чекисттери “тосуп” алышкан жокпу?

-Мен Минскке кетип жатканда да, келгенден кийин деле, азыр дагы эч ким суракка алган жок.  Көз караштар менен да ыкма беришпеди. Мурда чек арадан өтүп жатканда келди келди дегенсип көз кысып жатышканын байкаган жокмун. Эч ким телефон да чалган жок.

-Мектешүүдөн кийин Жаныш Бакиевге болгон көз карашыңыз өзгөрдүбү?

-Ооба, бир топ маселелер боюнча өзгөрдү. Маалымат алгандан кийин  байкайсың да. Сырттан ММКлардын жазгандарына, мурдагы бийликтин кошоматчыларынын айткан нерселерине  ишенчүбүз. Балким убакыт дагы көп нерсени өзгөрткөндүр.

-Белорусияга барганда мамлекеттин кожоюну бар экени билиндиби?

-Эртең менен саат тогуз жарымда поездден түштүм.  Шаар биздикиндей  чоң аймакты ээлебейт экен. Чакан, тыкан, таза, коомдук жайлары  да таптаза сонун шаар экен. Эки жакты көп деле караган жокмун. Бирок Жаныш Бакиевдин  жан сакчылары өтө профессионал абдан күчтүү экен.  Алар  жада калса колумдагы сааттан бери чечтирип, диктофондорго чейин жандырып көрүштү.  Фотоапартты текшерди. Атайын чыйылдаган апараттан өткөрүп анан  маек алганга киргизишти.

-СГОнун башчысы  Жаныш Бакиевди көрүп жүргөнсүз да.  Анын азыркы Жаныш Бакиев өзгөрүптүрбү?

-Сүрөттөрдү да бир топко чейин салыштырдым. 2008-2009 жылдары мен теледен көрүп жүргөн  Жаныш Бакиев көздөрү тик караган башкача  адам болчу. Азыр өзгөрүп жумшарып калгандай. Көп нерселерди таразалады болуш керек.

-Биздин бийликке болгон көз карашын айттыбы?

-Көз карашы түшүнүктүү да.  Калп чынды айтып баарын шыбап  жатса жакшы пикир айтмак беле. Атамбаев боюнча дагы абдан каттуу пикирлерин айтты. Атамбаев боюнча  психологиялык оорулуу адам катары сыпаттады. “Алкоголду көп колдонгон адамдар ушундай болуп калат. Анын психологиясын жакшы билем.  Атамбаевден ушул синдромду көп байкайм”-деди Жаныш Бакиев.

-Азыр бийликтин өкүмүн укту. Бирок эртедир кечтир  акталам деген ишеним бар бекен?

-“Кудай буйруса бир кезде  акталам. Ишенем,  калыс сот болот. Адилеттүүлүк орнойт. Анан акталам”-деди.

-Эмне үчүн алты жыл бою унчукпай келип, эми Жаныш Бакиев маек берип жатыптыр?

– Аны да сурадым. “Карасам сыртымдан эле соттун чечимин чыгарып жатат. Этегинде  Ысык-Көлдөгү банктын баарын Максимге же Гуреевичке байлабай мага  байлап, этегине  Анапияевдин өлүмүн  менден көргөндө чыдабай маек берүүнү чечтим”-деди.  Мындан сырткары убагында тоюна барып чапан жаап жүргөндөр боюнча да пикирин билдирди. Өзгөчө азыр  “КСДП”  фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков абдан кеңсеме көп келчү дейт.  Бир кезде көзүнө тике карап  айтам деп айрым фамиляларды атады.

 

Баян Кулова

Булак: “Жаңы Ордо”

 

 

ВИДЕО - “Келиндин” каарманы өз жанын кыйды

Көпчүлүктүн сүйүктүү сериалына айланган «Келиндин» каарманы Пратюша Банерджи өз жанын кыйды. Индиялык ММКлар «Пратюшанын мындай кадамына финансылык көйгөйлөрү жана бактысыз сүйүүсү себеп болуусу мүмкүн» деген версияларды айтышууда. 24 жаштагы актрисанын сөөгү 1-апрель күнү өзү жашаган үйдөн табылды. Аны алгач чогуу жашаган жигити көрүп калып, дароо ооруканага алып барган. Бирок анын өлүмүн каттагандан баш­ка эч нерсе кыла алышкан жок. Полиция дароо кылмыш ишин козгоп, иликтөөгө киришти. Алгачкы маалыматтар катары банктагы счетторунда акчанын жоктугу айтылды. Ошондой эле актрисанын чоң суммадагы карыздары бар экени кошумчаланды. Ал эми Пратюшанын достору өлүмдүн себеби катары жигити менен мамилесин карашууда. Анткени, акыркы кездерде актрисаны жигити Рахул Сингхдин мурдагы сүйлөшкөн кызы коркутуп жүргөн экен. Аны менен катар эки жаштын мамилеси солгундап, Сингх сүйүктүүсүнө кол көтөрө баштаганы айтылды. Ал эми жигитинин достору, экөөнүн бактылуу экендигин, 14-апрель күнү баш кошууну пландап жүргөнүн айтышууда.

Нуржан АКЫЛБЕКОВА

Булак: “АЗИЯnews”

Гүлнара Каримованын жеке бухгалтери 18 жылга кесилди

Өзбекстан президентинин улуу кызы Гүлнара Каримованын коммерциялык уюмдарынын биринде жогорку кызматта иштеген Нурмухаммад Садыков 18 жылга кесилди. Ал “Нурик” деген каймана аты менен белгилүү.

Бул туурасында “Борбордук Азиядагы адам укуктары” ассоциациясынын жетекчиси Надежда Атаева билдирди. Айрым маалыматтарга караганда, Нурмухаммад Садыков көп жылдар бою Гүлнара Каримованын жеке бухгалтери болуп иштеген.

Үч жыл мурун Садыков Бириккен Араб Эмираттарынан келген учурда Ташкент аэропортунан кармалган. Ага каржылык көз будамайлоо боюнча айып тагылган.

Эске сала кетсек, эки жыл мурун Өзбекстандын тергөө органдары Гүлнара Каримовага жакындыгы бар бир катар адамдарды коррупциялык иш-аракеттерге катыштыгы бар деген айып менен кармаган. Алар президенттин кызынын телекоммуникациялык компаниялардан ири суммада пара алгандыгына байланышы бар деп шектелген. Бул коррупциялык чыр-чатакты АКШ жана бир катар Европа өлкөлөрүнүн тергөө органдары иликтөөдө. Кармалгандардын арасында Гүлнаранын жарандык никедеги жолдошу Рустам Мадумаров жана жеке жардамчысы Гаяне Авакян да бар.

2014-жылы Мадумаров менен Авакян адам уурдоого шектелип, Өзбекстандын аскерий соту тарабынан бири 9 жылга, экинчиси 6 жылга эркинен ажыратылган.

Уурдалган адам – Нурмухаммад Садыков болгон. Надежда Атаеванын сөзүнө караганда, Гүлнара Каримовага жакындыгы бар адамдардын иши боюнча бардык жараяндар, анын ичинде Садыковдун соту жабык эшик артында өткөрүлдү.

Жанар Акаев: “Премьер-министр менен министрдин сөздөрү дал келбей калды”

 

-Жанар мырза, тендер боюнча сиздин оюңуз кандай?

-Балыкчы-Корумду жолун курууда абдан чоң мыйзам бузууга жол берилген. Лицензиясы, бир дагы техникасы жок «Long Hai » компаниясы тендерден утуп, жолду курууга уруксат алган. Эми жыйынтыгында күбө болуп атабыз, ал компаниянын жол­ду сапаттуу курганга таптакыр жөндөмү жок экен. Мен КТР, ЭлТРден ошол убактагы кадрларды алып көргөм, «ачылышында премьер-министр келет» деп жөнөкөй дыйкан-фермерлердин техникасын жыйнап барып, тизип коюшкан. Өздөрүнө  таандык бир да техникасы болгон эмес. Бул жерде коррупциялык схемалар ойногонун айтсак болот. Себеби, министр менен премьер-министрдин сөздөрү дал келбей жатат. Өкмөт башчы «транс­порт министринен ката кеткен» десе, бул киши «түздөн-түз премьер-министр өзүнүн жакын адамдары, партиялаштары аркылуу таасир эткен» дейт. Менин оюмча, комиссиянын жыйынтыгында премьер-министрдин, министрдин баарынын жоопкерчилиги каралышы керек. Кайрадан тендер өткөрүү зарыл.

-«Премьер-министр отставкага кетиши керек» деген пикирге кошуласызбы?

-Менимче, премьер-министрдин отставкасын талап кылганга бир аз эрте го. Анткени, биз эки тарапты тең угуп көрүшүбүз керек. Биз азырынча бул маселе боюнча премьердин өзүн уга элекпиз. Анын үстүнө конкреттүү фактылар да жок. «Премьер-министрдин жакын адамдары, партиялаштары, айылдашы» деп айтып атышат. Эми анын баардыгын органдар дагы далилдеши ке­рек. «Премьер-министрдин кызыкчылыгы бар, өзүнүн жакын адамдарына лицензия алып берүүгө көмөктөшкөн» дегендей саясый айып коюлуп жатат. Эгер бул далилденген болсо, премьер-министрсөзсүз кызматын тапшырыш керек.

Керим Мурас

Булак: “АЗИЯnews”

Путин “ыңгайсыз” суроолорго жооп берет

14-апрелде  “Владимир Путин менен түз байланыш” өткөрүлүп, анда Орусиянын президенти өлкө жарандарынын суроолоруна жооп бермекчи.

Өткөн жуманын жыйынтыгы боюнча Путинге бериле турган эң курч суроолордун катарына бул экөөнү киргизсе болот: “Панама-гейтте” сөз болгон эки миллиард доллар чындап эле ага тиешелүүбү; Путинге түздөн-түз баш ийген Улуттук гвардияны түзүү ал төңкөрүш болот деп кооптонуп жатабы?

Биринчи суроого президент толук болбосо да жооп берип койду десе болот. Анткени ал “панама документтеринде” анын ысымы аталбагандыгын билдирип, бул кагаздарда коррупциялык көрүнүштөр деле жок экендигин кошумчалаган.

Отставка чуусу боюнча Темир Сариев өз пикирин билдирди

Премьер министр Фейсбуктагы баракчасына депутаттык комиссиянын дем алыш күнү чогулуп, чыгарган чечими боюнча пикирин жарыялады.

Анда Сариев жол курулушунун маанисине жана тендер маселесине токтолуп, өлкөдө жылына жүздөгөн тендер өткөрүлөрүн жана мыйзамга ылайык, тендер өткөргөн мамлекеттик органдын жетекчиси ага керт башы менен жоопкерчиликтүү болорун белгилеп, Балыкчы-Корумду жолун реконструкциялоо боюнча тендерге министр жоопкерчиликтүү экенин айткан. Премьер тендердин процедурасына анын кийлигишүүсү болбогондугун жана болушу да мүмкүн эместигин белгилеген. Ал билдирүүдө тендерден тышкары лицензия, акча каражаты туурасында кеңири түшүндүрмө берүүгө аракет кылган.

Сариев депутаттык комиссиянын ишине токтолуп, жума күнгө белгилеген жыйындын түшүнүксүз себептерден улам токтотулушун, андан ары комиссия негизги фигуранттардын катышуусуз жабык жыйын өткөргөнүн айткан. Ал комиссия ишемби – дем алыш күнү шашылыш чогулуп, өкмөттөн эч кимди чакырбай, дароо чечим кабыл алганын сындап, комиссиянын транспорт министри Аргынбек Малабаевдин гана көрсөтмөсүнө таянып, корутунду чыгаруусу анын объективдүүлүгүнөн шек санатарын, комиссиянын мындай аракети анын айрым мүчөлөрүнүн жеке кызыкчылыктарына байланыштуу экенинен кабар берерин белгилеген.

Темир Сариев бул маселенин ачык иликтенишине кызыкдар экендигин жана саясий интригалардан улам маанилүү жол курулушунун токтоп калуусунан чочулап жатканын кошумчалаган.

Табылды Тиллаев: “Темир Сариев кызматта турганда бул коррупциялык иш обьективдүү иликтенбейт”

Таабалды Гапырович, сиз бүтүн «өкмөт башчы Темир Сариев отставкага кетиш керек» деген сунуш айттыңыз. Бул сунушуңузду негиздеп бербейсизби?
-Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу ири долбоорго акча бөлүнуп атса, одоно мыйзам бузуулар менен лицензиясы жок, биздин республикадан эч кандай каттоодон өтпөгөн, эч кандай талаптарга жооп бербеген фирмага берип койгон. Транспорт министри өзү «менин күнөөм жок, премьер-министр тараптан кысым болгон, мага айпай, билгизбей өткөрүп жиберген» дсп мойнуна алды. Көзөмөлдү да өкмөттүн өкмөттүн бөлүмүнө берип койгон. Те­мир Сариев кызматта турганда, бул иш объективдүү иликтенбейт. Ошондуктан, биз «ал киши отставкага ке­тиш керек» деп эсептейбиз.
-Сиздерде «Аргынбек Малабаев «стрелканы» премьер-министрге буруп коюп аткан болсочу?» де­ген ой пайда болгон жокпу?
-Эми аны укук коргоо органдары териштирет. Бул жерде кеп адамда эмес, эң башкысы, мыйзам бузулган. Анан калса, аттуу-баштуу министрге, парламент, президент колдоп берген ки­шиге ишенбесек, анда кимге ишенебиз?
-Премьер-министрдин маселеси каралып жаткандан кийин эмне үчүн анын өзүн чакырган жоксуздар?
-Аны мен билбейт экенмин. Эгер кызыкчылыгы болгондо, өзү эле келмек. Билет да бүгүн комиссиянын отуруму болорун. Өкмөттөн эч өкүл келбеди. Бул жагы да бизге бүдөмүк болуп атат.
Керим Мурас
Булак: “АЗИЯnews”

Казакстан: суу ташкынынан миңдей адам эвакуацияланды

Бүгүнкү күндө Акмоло, Түндүк Казакстан, Актөбө жана Костанай облустарындагы 43 калктуу конушту суу каптады. Мындай билдирүүнү Казакстан ИИМинин Өзгөчө кырдаалдар комитети таркатты.

Маалыматка караганда, табият кырсыгы 513 турак-жайга зыян келтирип, 201 үйдү суу каптаган. Андан тышкары унаа жолунун 190 тилкеси зыянга учурап, эки көпүрө суу алдында калган. Опурталдуу жерлерден 961 адам эвакуацияланып, азыркы тапта алардын 464ү үйлөрүнө кайтты. 468и туугандарынын үйлөрүнө жайгаштырылып, 29у эвакуация жайларында күн кечирип жатышат.

Өзгөчө кырдаалдар комитети кооптуу жерлерде убактылуу коргоочу суу тосмолор тургузулуп, эриген кар атайын техниканын жардамы менен сордурулуп жаткандыгын кабарлайт.

Фото - Базар-Коргон районундагы Кызыл-Ай айылында Кара-Үңкүр дарыясынын жээгин бекемдөө иштери жүрүүдө

Базар-Коргон районундагы Сейдикум айыл аймагына караштуу Кызыл-Ай айылындагы МТФ айылынын тушунан агып өткөн Кара-Үңкүр дарыясынын жээгин бекемдеп бышыктоо максатында дамба-шпораны куруу иштери кызуу жүргүзүлүп жатат деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Акыркы эки – үч жылдан бери жаз айларында оргуштап аккан Кара-Үңкүр дарыясынын суусу МТФ айылына кыйла коркунуч туудура баштаган. Сейдикум айыл аймагын караган МТФ айылында 150 кожолук, же 860 калк жашайт. Мындан сырткары айыл аймагынын 200 га фонддук жана жергиликтүү элдин үлүш жерлерин дарыянын суусу алып кетүү коркунучу жаралган.
ЖА дамба
КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан атайын мониторгдук иликтөө иштери жүргүзүлгөндөн кийин Кара-Үңкүр дарыясынын ушул жерин бышыктап бекемдөө үчүн узундугу 122 метр келген дамба-шпораны куруу чечими кабыл алынган. Бул максатта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 6 млн. сом акча каражаты каралган.
ЖА дамба2
– Азыркы учурда дамба – шпораны куру иштери кызуу жүргүзүлүп жатат. Анын курулушун «Жалал-Абад ПМО» курулуш уюму ишке ашырууда. Биздин негизги максат быйылкы жылы дамба-шпораны сапатуу бүткөрүү болуп саналат. Анын узундугу 122 метр болуп, туурасы 16 метр болот. Курулуштун бетон иштерине атайын токулган зым тосмолору жана арматуралар коюлуу менен эки кабаттуу бетон куюлат,- деди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Базар-Коргон районундагы өкүлү, ага лейтенант Мырзабек Токтосунов.
ЖА дамба3
– Акыркы жылдары МТФ айылынын тушундагы Кара-Үңкүр дарыясынын суусу сарыгып агып чыгып, жергиликтүү калктын турак-жайларына жана үлүш жерлерине бир кыйла коркунуч келтире баштаган. Азыркы учурда дамба-шпораны курууга жергликтүү калк дагы жакындан кол кабыш кылып жатышат,- деди Сейдикум айыл аймагынын башчысы Таалайбек Сатаркулов.
Кызыл-Ай айылындагы Кара-Үңкүр дарыясынын жээгине курулуп жаткан дамба-шпоранын курулуш иштеринин жүрүшү менен 8-апрелде жеринде өкүл Жумагүл Эгембердиева таанышып, жумуштун сапаттуу аягына чыгаруу талабын курулуш уюму менен жергиликтүү бийликтин жетекчилерине тапшыра катары койду.
Жолдошбай Осмонов, журналист

Оппозицияга кандай тебетей кийгизсек жарашат, я?!

Сөздү айтылуу Көкөтөй чечендин бир окуясынан баштасак. Бул узун сөз. Кыскача мааниси мындай. Кайран киши ушул эле Сары-Өзөн Чүйгө кайсы бир ашка келиптир. Байкап турса өздөрүнчө топтолгон кишилер кызуу бирдемени кеп кылып жаткандай. (Кебетеси элибиз ошондо эле саясатчы окшобойбу). Жандарына барып сөздөрүнө кулак түрсө, кимиси сүйлөсө деле барып Көлдөгү бугу элин чаап алып жатат дейт. Антип чаптык эле, минтип чаптык эле, жылкы тийдик деген эле сөздөр дейт. Баары бүткөнсүп маңдай тиши түшкөн бир казак “биз да барып бугуну чауп эдик”,-деп калбайбы. Ошондо күйүп кеткен кайран Көкөң топту жөөлөп кирип, (өзү бугунун Тынымсейитинен болот)  “бу эрте турганыңар эле барып чаап алгандай, чаптырып койгондой бугулар силерге тамашабы” деп кадимки курч, жүйөлүї сөздөрүнөн айта баштаганда, баштары жерге кире түшүптүр. Баягы казак Көкөң сүйлөй баштаганда эле безип жоголуптур дейт.
Анын сыңарындай азыркы оппозициянын эрте турганы эле бийликти басып алууну көздөп калгандай. Буга далил катары айтсак, оппозициянын ойронун чыгарган аудио тасмалардын төркүнү бүт элге дайын. Кыргызстандын УКМКсы андагы үндөрдүн чындык экенин тастыктаган билдирүүсүн да тараткан.
Негизи “оппозиция” деген сөз ( латын тилинен алынган “oppositio «карама-каршы коюу”) өзүнүн классикалык аныктамасында аракеттеги бийликке  карама-каршы, альтернативдүү көз карашты, позицияны түшүндүрөт. Оппозиция –саясатта маанилүү орунду ээлеп, аракеттеги бийликти уктатпай, анын эффективдүү иштешин шарттайт. Батышта оппозициянын ишмердүүлүгүнө жараша эки эле түрү бар: булар системалуу жана системадан тышкары аракеттенген оппозиция. Биринчи тибине солчул жана  оңчул радикалдык партиялар, топтор кирет. Алардын программасы аракеттеги мамлекеттин бийликтин абийирин төгүп, саясый процесстин жүрүшүн оодарып жиберүүгө багытталган.
Экинчисине, Батыштын жалпы көпчүлүктү түзгөн солчул жана оңчул центристтик (либералдык, социал-демократтык, консервативдик, христиан-демократиялык) партиялары кирет. Булар коомдук саясый, социалдык-экономикалык башкаруу институттарынын туруктуулугун, ага кол тийбестигин көздөшөт. Балким, Батыштын өнүгүп жатышы,  негизинен ушул багыттан чыкпай келе жатышында болуп жүрбөсүн?
Бул өңүттөн алганда Кыргызстандын оппозициясына кайсы тебетейди кийгизээриң билбейсиң. Мүмкүн “радикалдык оппозициянын” шляпасын кыйшайта кийгизип койсо жарашар беле?! (Радикалдык оппозиция – бул аракеттеги бийликти күч менен айдап жиберип, аны өзүнүн кызыкчылыгына жооп берүүчү бийлик менен алмаштыруу). Азыркы оппозициянын кадамдары ушул шляпаны кийгизе салышты өзү эле суранып тургандай. (Айта кетсек оппозициянын акыркы аракеттери боюнча УКМК суратпай эле тиешелүү статья боюнча иш козгоп алдын камап, артын үй түрмөсүнө алды).
Бирок Кыргызстанда жалпак тил менен айтканда салттуу оппозиция болгон эмес дегенге болбойт. Булар кеминде 20 жылдык тарыхы бар “Ата мекен” социалисттик партиясы, “Кыргызстан социалисттик демократиялык партиясы” (КСДП). Эки бийлик менен тирешип, эки революциянын баштан өткөргөн бул партиялар азыр бийликте. Ошол эле учурда бизде партия түзө коюш, оппозиция боло калыш бир чыны кымызды тартып ийгендей эле кеп. Кыргызстан парламенттик башкарууга аттангандын эртеси эле, башкача айтканда парламентке партиялык тизме аркылуу гана барууга боло тургандыгы Жаңы Конституцияга жазылгандан кийин бир айдын ар жак бер жагында катталган партиялардын саны 180ге чаап кеткени эсибизде. Атургай “Ата журт” өңдүү бир түндө түзүлгөн партиялар да азыр бийликте. (Менин маалыматым боюнча бүгүнкү күндө 197 партия каттоодон өткөн).
Ал эми айта берип өзүбүз, кайталай берип сөзүбүз тажагандай болгон, биздеги бүгүн бийликтеги бирөө эртеси оппозиция болуп чыга келүү эрежесин эч ким буза элек. Дагы бир эреже биздин оппозицияда айтканын айттым деш, өз карашына акыр аягына чейин туруу, жигиттик деген жок. (Деги эле биздин саясатчыларда сөзгө туруу сейрек көрүнүш. Сыягы ал ошон үчүн саясат окшойт). Качан гана УКМКнын укуругу үстүлөрүнөн айлана баштаганда, үндөрү, дем алганына чейин жазылып турса да кашайып танып “монтаждап ийди” дей салуу өнөкөт ооруга айланган. Бул жагынан алчы-таасын жеген саясатчы Д.Сарыгулов аудиодогу сөздөрүн танган жок. “Биз курултайга альтернативдүү өкмөт мүчөлөрүн сунуштайлы дегенбиз” деп иштин багытын таптакыр башка жакка буруп жиберди. Ал эми  Т.Касымбековдун “Сынган кылычынын” романындагы Шады ынактай “ишке ашып кетсе ичинде, ашпай калса тышында” калгысы келген айтылуу Азимбек Бекназаров адатынча “монтаждап” ийди деп танып чыкты. Азыр болсо өкмөттүн Үңкүр-Тоого байланыштуу делген токтомду бетине кармап, күпүлдөшүн улантууда. Баса, Үңкүр-Тоо маселеси күн өткөн сайын курчуп баратат. Маселе Жогорку Кеңешке чейин жетип, депутаттар өкмөттү кыса баштады. Өкмөт оппозиция булгалап жүргөн токтом жасалма экенин айтууда… Айтор, саясат кызыды… Кырдаал ушундай.
Темирбек АЛЫМБЕКОВ

“Евразиялык экономикалык келечек” форумунун катышуучулары ЕАЭБ территориясына үчүнчү өлкөлөрдүн товарларынын транзити маселесин талкуулашты

 

ЕАЭБ территориясына үчүнчү өлкөлөрдүн товарларынын транзити маселесин Евразиялык экономикалык комиссиясында караралышы керек. КР Өкмөтүнө караштуу Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси Таалайбек Койчуманов бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Бишкек шаарындагы “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан “Евразиялык экономикалык келечек” аттуу эл аралык форумдун жүрүшүндө билдирди.

Анын белгилешинче, административдик барьерлер менен операцияларды төмөндөтүү боюнча чаралар көрүлүшү зарыл. “Биз административдик операцияларды жөнөкөйлөштүрүү багытында барышыбыз керек жана үчүнчү өлкөлөрдүн ЕАЭБ территориясындагы товар транзити маселесин чечишибиз зарыл. Мында логистикалык жана транспорттук чыгымдардын көбөйүүсү белгиленүүдө”,- дейт ал.

Өз кезегинде Кыргызстан банктар бирлигинин төрагасы Анвар Абдраев Кыргызстандын банк секторунун алкагында транзит-өлкө катары чыгышы мүмкүн экенин кошумчалады.

КР Экономика министринин кеңешчиси Муктар Жумалиев бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана ЕАЭБдин алкагында эле эмес, башка экономикалык альянстардын алкагында да алган милдеттемелерди сөзсүз сактоо зарылдыгын белгиледи.

Даниэль Кадырбеков, политолог, выпускник Университета Кобе (Япония): "Премьер-министр Темир Сариев должен уйти"

Министр экономики Японии Акира Амари подал в отставку в январе из-за того, что не задекларировал 8 тысяч долларов. Вчера премьер-министр Исландии Сигмундур Давид Гуннлёйгссон подал в отставку, потому что не задекларировал наличие семейного счета в оффшорах. На очереди глава кабинета министров Британии Дэвид Кэмерон – в так называемых панамских документах всплыло имя его отца. В Кыргызстане речь идет об около 7 миллиардах сомов налогоплательщиков и нарушении закона о госзакупках. При этом никто себя виновным не чувствует.
Однозначно стандарты этики для политиков растут во всем мире. И это нужно использовать как рычаг для реформ. Но есть места, где даже коррупция в госзакупках в таких масштабах – недостаточный аргумент для отставки. Я не знаю, какие индикаторы для оценки еще нужны? Борьба с коррупцией не должна быть избирательной и подлежать трактовке. Создавая прецеденты, мы никогда не сможем построить правовое государство.
Меня немного смущает позиция некоторых депутатов, которые в своих общественных заявлениях защищают Темира Сариева, даже допускают возможность нарушений закона, если ускорить это дело.Народные избранники, вас народ выбрал, чтобы бы вы контролировали и от имени народа обеспечивали надзор за использованием ресурсов, за назначаемыми людьми/исполнительной властью, а не становились ее частью.
Все эти объяснительные, подставы – типичные отмазки чиновников. Для примера: при предыдущем премьер-министре Джоомарте Оторбаеве тоже были построены сотни километров дорог и проведены тендеры, но у него никогда не было таких скандалов, никто не подставлял. Как говорится, дыма без огня не бывает. С какой стороны ни посмотреть – налицо факт коррупционного сговора, такого уровня закупки без ведома главы правительства технически невозможно провернуть. Хотя правительство и является коллегиальным органом, при желании на практике премьер-министр может даже при отсутствии кворума политической волей принять то или иное решение. И это нормально. «Ахиллесова пята» наших чиновников в том, что они используют эту привилегию в основном в неправильном русле – в корыстных целях.
Сейчас удобно прикинуться бедной овечкой, но виновен или нет, решит конечно, суд, если дойдет до этого. Но сам факт уже вызывает недоверие, сомнения в чистоплотной работе правительства Сариева и компрометирует орган власти, что очень негативно отразится на имидже страны, которая и без того фигурирует в топе самых слабых государств по индексу Failed states.
А когда у государства нет надежности, у народа не будет доверия к нему из-за двойного, трактованного правосудия, а о реформах можно и забыть. Потому что каждое такое решение будет оттягивать решение вопросов до тех пор, пока государство не добьется доверия у населения и впоследствии получит мандат на реформы. Единственный путь достичь этого – просто следовать закону, и не пытаться создавать исключения. Идеальный пример – отсрочка нормы об обязательном страховании. Из-за отсутствия доверия народ просто не поддержал. Хотя страхование – это достаточно прогрессивная мера, практикуется во всех развитых демократиях.
Учитывая, что и Сариев, и Малабаев были де-факто выдвинуты президентом, что экс-премьер-министр Сатыбалдиев тоже был отстранен из коррупционного скандала, может, пришла пора парламенту уже попытаться сформировать следующее правительство самостоятельно и на конкурентной основе?
Мировая практика и результаты выборов в 2015 году показали, что даже неадекватный парламент после выборов, как от холодного душа, получает новую динамику, а деструктивные и ненужные члены частично отсеиваются. Правительство, которое формируется в конкурентной среде, как это было в правительстве Бабанова, потом Оторбаева, показало, что несмотря на недолгий срок работы и некоторые недостатки институт премьер-министра и кабинет министров в разы эффективнее продвигает реформы в курируемых сферах. Это объясняется конкурентной средой и наличием рычагов подотчетности перед парламентом посредством выражения вотума доверия/недоверия.
А признает или нет отставкой свою причастность премьер-министр Темир Сариев – это уже эмоции, на них дело не заведешь. Если вспомнить, в новейшей истории были случаи, когда премьер-министров отправляли в отставку и за меньшие провинности. Иначе у аналитиков, оппонентов и простого народа могут возникнуть сомнения и мысли о том, что члены временного правительства изначально, с 2010 года, идут по запланированному пути, то есть по очереди передают президентство друг другу.
Если несмотря на такой скандал премьер-министр Темир Сариев не уйдет в отставку, это может означать только одно: это он, тот самый преемник президента. И это должно стать сигналом для других претендентов, чтобы они усилили работу либо просто забыли о своей мечте о президентстве. Ведь власть монополизирована на ближайшие 10 лет. Для президента Атамбаева и временщиков президент Сариев – гарантия их безопасности от преследований, продолжение их «наследия».
Сейчас важно, как поступит президент и члены коалиции. Ведь они могут досидеть до конца своих сроков, при этом даже выбрать Сариева президентом в 2017 году. Но хотелось бы надеяться на мудрость наших руководителей. Потому что, если все пойдет по запланированной траектории, на будущих парламентских выборах озлобленное население просто будет голосовать за кого угодно, но не за них. А альтернатива им, увы, – только исламские радикалы или националисты.
Даниэль Кадырбеков, политолог, выпускник Университета Кобе (Япония).
Источник: “Азаттык”

Аргынбек Малабаев, Транспорт жана коммуникация министри: “Премьер-министр мени коркутуп да көндүрө албайт”

Аргынбек Жумабекович, “Балыкчы-Корумду” автожолуна байланышкан тендердин чуусу Өкмөт башчы Темир Сариев экөөңүздөрдүн тирешиңиздерге алып келди окшойт. Сиз Жогорку Кеңеште “Лонг хай” кытайлык компания менен премьер-министрдин жакын адамдары сүйлөшүп алышкан дедиңиз. Президенттин кайсыл жакын адамдары бул ишке аралашып жүрөт?
-“Балыкчы-Корумду” автожолу боюнча өткөн конкурс башынан эле кыйшык, туура эмес кеткен. Бул боюнча атайын комиссиянын жыйынтыгында дагы айтылган. Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев да бул тууралуу айтып чыкты. Тендер мыйзамды одоно бузуулар менен өткөн. Кытайдын лицензиясы жок “Лонг хай” деген компаниясын тендерден өткөзүп жатышпайбы. Өзүбүздүн жергиликтүү компанияларыбыз экинчи категориядагы лицензиясы бар туруп тендерден өтпөй калган. Кытайдын лицензиясы, эч кандай документтери жок компаниясы тендерди уткандан бир айдан кийин 4-декабрда үчүнчү категориядагы лицензияны биздин мамлекеттик архитектура курулуштан үчүнчү категориядагы лицензияны алышкан. Депутаттык комиссиянын биринчи отуруму болгондо мага Өмүрбек Текебаев “Кытай компаниясынын бул жердеги өкүлү сиздин жержешиңиз экен” деп айтты эле. Чындыгында мен аны билген эмесмин. Кийин Үркүндүн 100 жылдыгына карата айылга марафон болгон. Ошол жерден ал баланы көрүп “Сен бул жакта эмне кылып жүрөсүң?” деп сурасам, “Мен ушул жерден, Асыл-Баштан болом” деген. Андан кийин мунун баарын изилдеп келдик да. “Лонг хай” компаниясын жетектеп, азыр кеңешчи болуп жүргөн Жунушалиев Азамат деген жигит, анын иниси Жунушалиев Эрнест, Күлжыгачов Рысбек, менин орун басарым Улан Уезбаев, премьер-министрдин жардамчысы Нурбек Султанов бири-бирин тааныйт экен. Бул тууралуу Узар Жылкыбаев деген депутат дагы айтып кетти. Анын да ушул тууралуу кабары бар экен. Азыркы күндө булар “Лонг хай” компаниясы менен биргеликте жумуш алып барып жатышат.
Премьер-министр жакын адамдары менен кытайлык компания сүйлөшүп алган фактыны жашырып жатат дегендей сүйлөдүңүз. Мындан кийин Өкмөт башчы өзү коррупциялык ишке аралашканбы деген суроо жаралат да…
-Кыргызстан чакан болгондуктан ким-ким менен кандай сүйлөшкөнүн, кандай мамиледе экенин билебиз да. Мен министр катары министрликтин тегерегинде болуп жаткандарга жооп берем. Жоопкерчиликтен такыр качкан жокмун. Бирок, тендердик комиссияны түзүп, токтом чыгып жатканда Өкмөттүн регламенти бузулган. Бул жерде мени айланып өтүп, менин ордума орун басарым Уезбаев кол коюп берген. Макулдашуу баракчасына, Справка-обоснование деген бар. Мунун баарын министрлик даярдап туруп, министр өзү кол коюп алып баргандан кийин ошонун негизинде токтом чыгышы керек эле. Ведомстволор аралык комиссия түзгөндө Уезбаевдин маалыматы боюнча мага келгенде мен кабинетимде жок болгом экемин, ошого байланыштуу ал баарын даярдап туруп кол коюп өткөзүп берип салган деп справкага жазып коюптур. Ушунун өзү одоно мүчүлүштүк. Менин орун басарым Уезбаев Өкмөттүн мүчөсү, министр эмес. Эгер мен жок болгон кезде гана кол койсо болот эле. Мен эч жакка кетпей эле бул жакта болгом. Токтом чыгып жатканда баардык нерсени жол чарба департаментине берген да, көзөмөл кыла турган жагын Өкмөттүн аппаратына, транспорт бөлүмүнө берип койгон.
Тендер өткөзүүнү министрликтин өзүнө берсе болот беле?
-Макул, тендерди жол чарба департаменти өткөзсүн. Жок дегенде көзөмөлдү министрликке коюп, министрлик жооп берет деш керек болчу. Баарын Өкмөттүн аппаратына берип салганда, ал жерде бөлүм башчы болгон Увалиев деген тендер өткөргөн комиссияны чакырып алып, тендер бир күнгө жылдырылган. Анткени, “Лонг хай” компаниясы ал күнгө жетишпей калганда, кийинки күнгө жылдырып, тендерди өткөзүшкөн. Увалиев тендердик комиссиянын төрагасы Сооданбаев, жол чарба департаментинин директорунун милдетин аткарып жаткан Кайынбаевден түшүнүк кат алган. Менде Сооданбаевдин түшүнүк каты бар. Анда баары жазылган. Увалиев деген бөлүм башчы баарына көзөмөл кылып турган. Буларга карабай азыр справкада Малабаев жоопкерчиликтен качып, өзүнө албастан, четтеп, атайын кол койбой деп айтып жатат. Алардын буйругу болгон күндө дагы, мен баарын өзүмө алып, министрликтин буйругун чыгарып, орун басарым Уезбаевди көзөмөл кылсын деп ошол жерге бекитип жатам. Ал буйрук да колумда турат.
21-октябрга бекитилген тендер кытай компаниясы жетишпей калат деп 22-октябрга жылдырылып жатса, ушул эле коррупция болгон дегенге негиз болот турбайбы. Кытайлык компаниянын утуп чыгышы күн мурунтан чечилген экен да…
-Мен дагы тендерге коррупция аралашкан деп толук түрдө айта алам. Мени эмне үчүн четтетип, алыстатып жатышты? – деген суроо бар. Тендер өткөндөн кийин да булар баарын жашырышкан. Мен комиссиядан сураганымда баары жакшы болду, “Лонг хай” компаниясы утту деген сөз болгон. Чырдын баары биз Ысык-Көлгө “Лонг хай” компаниясы жасап жаткан иштерди текшергенде башталып жатпайбы. Башта айтылган техникалары келбей, иштери ордунан жылбай жатканын көргөндө шектенүү пайда болду да, баарын кайрадан көтөрө баштадык. Текшерип чыкканда лицензиясы, эч нерсеси жок кытайлык компанияны алып келип, тендерге киргизип жибергени ачыкка чыкты.
Талаптарга жооп берген жергиликтүү компаниялар тендерден жеңишке жетпей калса, жол салууга эч кандай тиешеси жок ЖЧКларды катышуучулардын санын көбөйтүү үчүн киргизип коюшканы ачыкталды. Бул кимдердин жасаган иши?
-Бул жерден дагы ар кандай ойлор жаралат. Мен бул киргизген, тиги жасаган деп айта албайм. Бирок, жол салуу үчүн лицензиясы жок, болбогон ЖЧК, компаниялар тендерге кирип калган. Алар катышуучулардын санын гана көбөйткөн. Экинчи категориядагы лицензиясы бар жергиликтүү компаниялар кирбей калганы да чындык. Лицензиясы жок компанияларды тизмеден алып салганда биздин эле компаниялар утат болчу.
Тендердик комиссиянын төрагасы Сооданбаевге ошол кездеги департаменттин директору Нурлан Кайынбаев телефон чалганын айттыңыз. Кандай максатты телефон чалуу болгон?
-Сооданбаев жол чарба департаментинин башкы инженери. Ал мага жазган түшүнүк катында мени кол коёсуң деп кыйнашкан,койбосоң Уезбаевден маселе болот дегендей сөздү козгогон. Аларга Уезбаев тараптан басым болгонун ушундан эле билсе болот. Ал министрдин орун басары катары өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып, аларга кол коёсуңар деп кысым көрсөткөн.
Темир Сариев экөөңүздөр бир жерденсиңер. Бири-бириңерди жакшы билесиздер. Ортодогу тирешүүгө бир гана тендер себепчи болбосо керек?
-Экөөбүздүн ортобузда эч кандай тиреш болгон жок. Болгону тендердин айланасында болуп жаткан иш аракеттер гана. Темир Сариев экөөбүз коңшу айылдан болобуз. Дүйшөмбү күнү Өкмөттүн отуруму болгон. Отурум башталаардын алдында, өзү түзгөн ведомстволор аралык комиссияны шылтоолоп “Мына, комиссиянын жыйынтыгы чыгып жатат. Ар кандай туура эмес маалыматтарды тараткандыгы, туура эмес иш кылгандыгы үчүн эртең мен премьер-министр катары өзүмдүн мүмкүнчүлүгүмдөн пайдаланып, президентке Малабаевди иштен алуу сунушумду жазам” деп Өкмөт өкүлдөрүнүн, журналисттердин көзүнчө айтты. Ал күнү комиссиянын жыйынтыгы жок экен. Менин статс-катчым ошол комиссияда бар болчу. Түнгө чейин олтуруп аягына чыгара алган эмес. Эртеси күнү чакырып, алдыма комиссиянын жазган справкасын далил катары койду. Эми ал жерде болбогон нерселердин баарын жазган. Уезбаевдин айткандарын мисал келтирип, мени жоопкерчиликтен качкан деп жазат. Мен жетекчи катары жоопкерчиликтен такыр качпайм. Ошол эле учурда мыйзамсыз иштерге эч убакта барган эмесмин. Премьер-министр андай иштерге мени коркутуп да көндүрө албайт. Муну бетке эле айткам, азыр да айтам. Корко турган эч нерсе жок. Түзүлгөн комиссиянын чечимин да туура эмес деп эсептейм. Анткени, ал комиссияга министрлердин орун басарлары, бөлүм башчылары, премьер-министрге түздөн-түз баш ийген адамдардын баары кирген. Ал кол комиссия болгон. Премьер-министрдин айтканын жасап, каалагандай кылып жазып беришти. Справканы карасаңыз, менин статс-катчым, Мамлекеттик сатып алуулар департаменти да өзүнүн көз карашын жазган. Ага карабастан эле корутундусун чыгарып, премьер-министр президентке жалган-жалааны жаап мени кызматтан алуу сунушун берди. Өкмөт башчынын сунушунда мага койгон дооматтары Конституциянын бир дагы беренесине туура келбейт экен. Бул премьер-министр ичиндеги бугун мага чыгарып жатканын билдирет. Эгер баарын ачык текшерип чыгарам десе көз карандысыз комиссияны түзүп, же болбосо ушунчалык таза, коркпой турган болсо коррупцияга каршы кызматына бербейби. Башкы прокуратурага берип текшерсе болот болчу. Мен эч жакка качкан жокмун. Тескерисинче, болгон документтин баарын чыгарып бермекмин.
2010-жылы 7-апрель күнү сиз Сокулуктан элди ээрчитип чыккан экенсиз. Темир Сариев ошол жердин лидери болуп келгени көпчүлүккө белгилүү. Экөөңүздөрдүн ортоңуздарда ким лидер боло алат деген тиреш жүрүп жаткан жокпу деги?
-Туура, 2010-жылы 7-апрель күнү бир топ элди ээрчитип чыкканым чындык. Мен Сокулуктан гана эмес, бир топ жыл темир жолдо иштеп калгандыктан ал жактагы балдар дагы биз менен бирге болушту. Сокулукта Темир Сариев өзүнүн “Ак шумкары”, мен көп жылдардан бери КСДП иш жүргүзүп келебиз. Ортобузда талаша турган маселе деле жок.
Президент премьер-министрдин сизди жумуштан алуу тууралуу сунушун четке какты. Сиз президентке чейин кирип, сүйлөшүп чыга алдыңызбы?
-Мен президентке кирип, абалды түшүндүрө алган жокмун. Президенттин администрация жетекчисине барып, абалды билдирдим. Жума күнү комиссиянын акыркы отуруму болуп, өзүнүн чечимин чыгарат. Коррупцияга каршы кызмат менен Башкы прокуратура дагы өзүнүн корутундусун чыгарып, ким ак экенин тактаса керек. Ошондон кийин маалымат каражаттарына кенен маалымат беребиз. Балыкчы-Корумду жолу 6,8 млрд сомдук иш. Бул президенттин көзөмөлүндө болот деп ишенем.
Сиз эч жакка качып кетпейм деп айтып жатасыз. Буга чейин сиздин Казакстанда хансарайыңыз бар экени, министрликтеги мыйзамсыз иштери ачыкка чыга баштаганда ошол жакка кете турганыңыз тууралуу маалыматтар чыкпады беле?
-Казакстанда менин эч кандай үйүм жок. Кабинетимде Куран китип турат. Ошонун үстүнө колумду коюп да Казакстанда мүлкүм жок экенин айтып бере алам. Казакстанда досторум көп. Себеби, ошол жакта темир жол институтун, техникумду бүтүргөм. Армияга да ошол жактан кеткем. Мен бул жактан кача тургудай себеп да жок.
Азыр орун басарыңыз Уезбаев кайда?
-Ал азыр командировкада. Ошол жакта жүрүп да мени “Белая горячка” деп жазып жатат. Муну менен менин намысыма шек келтирип жатат. Келгенден кийин мыйзамсыз ишинен тышкары, айткан сөзү үчүн да сотко берем.
Наралы Асанбаев, журналист

Өкүл Жумагүл Эгембердиева Базар-Коргон районунда жазгы талаа жумуштары менен таанышты

Иш сапарынын алкагында өкүл Жумагүл Эгембердиева 8-апрелде Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айыл аймагынындагы дыйкандардын жазгы талаачылык багытында жүргүзүп жатышкан иш аракеттери менен жеринде таанышты деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Өкүл Жумагүл Эгембердиева күздүк буудай, чеснок жана уруктук пияз өстүрүү иш аракеттери менен астейдил маңдай терлерин агызып иштеп жатышкан дыйкандар Азимжан Худайбердиев жана Насипжан Тургунов менен алардын үлүшкө тийген жеринде баарлашты. Азимжан Худайбердиев өзүнө таандык болгон 0,56 сотых аянтта өстүрүлүп жаткан дыйканчылык иштери туурасында өз максаттарын айтып берди.
– Өткөн жылы буудайдын түшүмдүүлүгү гшектарына алыпе эсептегенде 71 центнерден айланды. Мындай жогорку түшүмдүүлүктү камсыз кылуу үчүн эң алгач мыкты үрөн тандалып, агротехникалык эрежелер так сакталышы жана минералдык, органикалык семирткичтер өз убагында жана талаптагыдай өлчөмдө берилгени оң. Албетте, айыл чарба багытындагы өсүмдүктөрдү кандыра сугаруу маселеси дагы башкы орунда турат,- дейт тажрыйбалуу дыйкан Азимжан Худайбердиев.
Чеснок июнь айынын аягында толук жетилип, бышып, анын бошогон аянтына экинчи жолу түшүм алуу максатында сабиз эгүүгө болот. Мындан сырткары буудайдын бошогон аянтынан дагы экинчи түшүмдү жетиштирип алууга боло тургандыгын бул дыйкандар жыл сайын иш жүзүндө ырастап келишет.
– Иш билги тажрыйбалуу бул дыйкандардын талаа аянттарына айыл аймагындагы башка фермерлер менен дыйкандарды чакырып, атайын көргөзмөлүү семинарларды өткөрүп турабыз. Алар өздөрү билген дыйканчылык ишиндеги сырларын жана иш тажрыйбаларын башкаларга үйрөтүүдөн эч качан зериккен эмес,- дейт Базар-Коргон айыл аймагынын башчысы Абдыкадыр Жолчуев. Базар-Коргон айыл аймагында 3,5 миң га сугат жерлери бар.
Жолдошбай Осмонов, журналист

Бүгүн Кыргыз улуттук филармонияда Америкалык «The Crucial Elements» джаз тобу концерт берет

АКШ Мамлекеттик департаментинин «Маданият элчилери» программасынын алкагында 6-10-апрелде Кыргызстанга америкалык джаз музыкант Энтони Станко жана ал жетектеген «The Crucial Elements» джаз тобу келген. Бул тууралу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин расмий сайты билдирет.
Энтони Станко жана анын «The Crucial Elements» тобу Кыргызстандын мыкты джаз топтору менен бирге 8-апрелде Эмен паркындагы Курманжан датканын эстелигинин жанында ачык абадагы концертин тартуулашты. Ал эми бүгүн, 10-апрелде Кыргыз улуттук филармонияда боло турган джаз фестивалынын концерт программасына катышышат.. Андан тышкары, Станко жана анын ансамблинин мүчөлөрү Бишкектин музыкалык окуу жайларынын окуучулары үчүн мастер-класс өткөрүштү, фестивалдын башка катышуучулары менен жэм-сейшнге катышышты, жана 7-апрелде Борбордук Азиядагы Америка университетинде чакан концерт-лекция тартуулашты.
Энтони – өтө сүйкүмдүү солист жана чебер труба аткаруучу, композитор жана топ жетекчи, джаз жааматындагы жаңы муундан чыгып келе жаткан жылдызы. Жаштыгына карабастан, ал Арета Франклин жана Майкл Файнштейн сыяктанган залкар музыканттар менен бирге сахнага чыгып, джаз музыкадагы абройлуу адамдарын урматына ээ болду.

Беш адамдан турган «The Crucial Elements» тобу АКШнын Мамлекеттик департаментинин «Америка музыкасы чет өлкөдө» программасы аркылуу көптөгөн турнелерге катышып эл-аралык деңгээлде таанылган топ. Топтун мүчөлөрү: Энтони Станко (труба), Жордан Отто (урма аспаптар), Маркус Эллиот (саксофон), Пол Братчер (пиано) жана Сэм Копперман (бас гитара).
2013-жылдагы алгачкы сапарынан баштап, топ ондогон өлкөлөрдө, анын ичинде Түштүк Африка, Намибия, Индонезия жана Иорданда Америка Кошмо Штаттарынын музыкасын тартуулады. Станконун музыкасы кенен көркөм спектрин камтыйт: олуттуудан тартып тамашалууга чейин, кайгылуудан кубанычтууга чейин, салттуудан заманбапка чейин – булардын баары свинг, би-боп, блюз музыкалык салттарына терең тамырланган.
«The Crucial Elements» тобу жергиликтүү элдин салттуу музыкаларын джаз музыкасы менен уйкаштыруу жөндөмдүүлүгү үчүн дүйнө жүзү боюнча абдан популярдуу болуп саналат.

Азимбек Бекназаров: "Атамбаев будучи премьер-министром у Бакиева обзывал всех митингующих против Бакиева людей баранами"

Накануне мы взяли интервью у «бульдозера» революции. Все предшествовавшие дни были связаны с разоблачениями заговоров, арестами политиков, обвиняемых в попытке свержения власти.
— Какие чувства вы испытываете в связи со всем этим? Что можете сказать накануне этой даты?
— Революцию 24 марта 2005 года украл Бакиев, а то что было 7 апреля 2010 года украл Атамбаев. Революция совершалась против авторитарного режима, но ничего не изменилось, авторитаризм сохраняется и при Атамбаеве. Он объявил этот день красным днем календаря, праздничным днем в нарушение всех процессуальных норм. Разве это не авторитаризм?
— А как так произошло, как получилось, что Атамбаев стал лидером 7 апреля? Только потому, что его арестовали 6 апреля? Я ведь прекрасно помню, что он крайне редко участвовал на собраниях, не формулировал какие-то требования. Он всегда был примкнувшим в последний момент.
— В 2008 году мы образовали БЭК. Туда вошли СДПК, мы, Ата Мекен», «Акшумкар» и др. Начальником штаба назначили меня. Через 6 месяцев объявили досрочные президентские выборы и тогда от оппозиции нужно было назвать кандидата. Мы звонили многим – Байболову, уговаривали и Сариева, и др. Но в конце концов согласился Атамбаев. Таким образом он стал единым лидером от оппозиции. К тому же у него были деньги, которые были необходимы для выпуска газет, проведения различных акций.
А ведь у него был критический момент, когда оппозиция не хотела его принимать в 2008 году. В Ошском драмтеатре его даже выгнали, потому что помнили, как будучи премьер-министром у Бакиева он обзывал всех баранами.
Вы правы, вот и 6 апреля 2010 года он сидел дома, все ведь видели в Интернете, когда к нему пришли альфовцы. Его не было ни на Форуме, ни на площади среди людей.
Этот год он объявил годом истории, заказал составить свою родословную. Говорит о том, что революцию 2005 года сделали бандиты и криминал во главе с Акматбаевым. А апрельскую революцию 2010 года присвоил себе. Атамбаев уже и историю таким образом решил поделить.
— Какая ирония, что сегодня посадили в стране политиков, которые, якобы, планировали смену власти. А что тогда происходило 7 апреля в 2010 году, разве не захват власти?
— У нас закона нет, мы по понятиям президента Атамбаева живем. Я в течение 5-ти лет критикую его за это. На этот раз в Оше он открыто призвал к массовым беспорядкам – забрасывать оппозиционеров камнями.
— Вы в качестве Генерального прокурора в 2010 году возбудили уголовное дело по событиям 7 апреля, по массовому расстрелу демонстрантов. Прошло 6 лет, каковы результаты, какова оценка тем событиям?
— В течение шести лет суд не может вынести решение по этому делу. Это позор. Уже давно надо было поставить точку, если виноваты – осудить, нет – оправдать. Кого он обманывает? Родственников погибших? Сколько людей мучается, которых привлекли к уголовной ответственности. Сколько людей потерпевших ходит на этот суд 6 лет. Это издевательство. Часто меня обвиняют, что я не завершил дело по аксыйским событиям, когда был Генпрокурором в 2005 году. Я извлек из этого урок и настаивал, чтобы дело по 2010 году рассмотрели, не откладывая. Хотел разобраться кто откладывает его рассмотрение. Пришел к выводу, что это делает власть. На это влияли выборы, которые постоянно происходят в Кыргызстане. Нужна была поддержка «апрелевцев». А так обвиняемые уже 6 лет находятся на скамье подсудимых и их срок может быть теперь просто погашен.
— Вы считаете, что цели и задачи апрельской революции были достигнуты?
— Во всяком случае, мы, члены временного правительства, 21 декабря 2010 года передали полномочия избранному правительству во главе с Атамбаевым. Мы провели референдум и поменяли систему на парламентскую форму правления. А уже после этого, с декабря 2010 года до сегодняшнего дня – это не революционное правительство отвечает за все что происходит в стране. А Атамбаев.
Записала Замира СЫДЫКОВА.
Источник: “Республика”

КырРаздрай. Скандал из-за тендера. Противостояние Сариева и Малабаева

Вчера в Жогорку Кенеше прошло заседание депутатской комиссии по расследованию нарушений закона в строительстве трассы Балыкчы-Корумду и дороги, идущей к аэропорту “Манас”. Члены указанной комиссии потребовали отставки премьер-министра Темира Сариева. Министр транспорта Аргынбек Малабаев обвинил Темира Сариева в нарушении закона о тендере. Сариев обвиняет самого Малабаева, внес предложение президенту об изгнании того с должности. Но президент его не принял.

Член комиссии, депутат фракции “Республика – Ата Журт” Таабалды Тиллаев сообщил: “Участие в тендере двух студентов, приехавших с китайскими визами, с лицензиями, которые не то чтобы отвечать требованиям, но не имеют права участвовать в тендере – это крайне огорчительное явление. Да еще компания, не имеющая техники, ранее вообще не строившая такие дороги международного масштаба – как, какого качества дороги построит? Допустивший такое нарушение закона глава правительства Темир Сариев должен уйти в отставку”.

Давая разъяснения депутатам, министр транспорта и коммуникации Аргынбек Малабаев сказал: в выигравшей тендер компании имеются интересы премьер-министра Темира Сариева.

Пресс-секретарь главы правительства Бакыт Асанов сообщил, что в этом тендере Темир Сариев не имеет никаких интересов: “У премьер-министра Темира Сариева в тендере по строительству дороги Балыкчы-Корумду нет никакой связи и заинтересованности. Заявление министра транспорта и коммуникации Аргынбека Малабаева об этом не соответствует действительности, и не имеет никакого основания. Премьер-министр не давал никакого указания по проведению тендера. Темир Сариев как премьер-министр полностью понимает ответственность этой должности и не допускает подобных явлений. Напротив, Темир Сариев требует законности каждого принятого решения. По данному поводу по инициативе премьер-министра создана специальная межучрежденческая комиссия, она расследовала, вынесла свои результаты. Министр Малабаев скрывает свои недостатки, чтоб избежать ответственности, распространяет разные необоснованные обвинения в адрес премьер-министра. Это не подобает ответственному руководителю”, – сказал Асанов.

Вслед за этим глава правительства направил предложение президенту о снятии с должности Малабаева. Аппарат президента вернул назад предложение Темира Сариева о снятии с должности министра транспорта Аргынбека Малабаева.

Из бюджета выделено примерно 6,8 млрд сомов для восстановления автодороги Балыкчы-Корумду протяженностью 104 км. В проведенном Министерством транспорта тендере выиграла китайская компания “Лонг Хай”, не имеющая права строить дороги.

Лидер фракции “Кыргызстан” Канатбек Исаев сообщил: “У нас всегда дорожно-строительные тендеры выигрывают иранцы, китайцы, турки. Больше всего вызывает сожаления, что отечественные компании всегда остаются в стороне. В первый раз этот тендер, проводимый за большие денежные средства около 7 млрд, прошел полностью незаконно. Китайская компания “Лонг Хай” не имела соответствующей лицензии. Подписывает не министр транспорта, а его заместитель. Не определены также финансовые источники. На прошлых собраниях я говорил: имеется много коррупционных элементов. Глава правительства отнесся безразлично. К сожалению, только когда создалась депутатская комиссия, а перед общественностью раскрылись сомнительные данные, тогда он начал шевелиться”.

Источник: gezitter.org

Чыныбай Турсунбеков: "Премьер-министр Темир Сариев жакынкы убактарда өз каалоосу менен отставкага кетүү боюнча арыз жазса жакшы болмок"

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын катчылыгы өзүнүн лидери Чыныбай Турсунбековдун Балыкчы-Корумду жолун куруу боюнча мыйзамсыз, коррупциялык жолдор менен өткөрүлгөн тендердин чуусу боюнча билдирүүсүн таратты.
“Мындай учурларда цивилдүү өлкөлөрдүн өкмөт башчылары өздөрү эле отставкага кетип калат. Эгер жакынкы убактарда Темир Сариев өз каалоосу менен отставкага кетүү боюнча арыз жазса биздин мамлекет да цивилдүү жолдо баратканынын бир көрсөткүчү болот. Андан сырткары бул тийиштүү органдардын ишти тыкыр жана объективдүү текшерүүсүнө мүмкүндүк берет”, деп жазылат Чыныбай Турсунбековдун билдирүүсүндө.
Эсиңиздерге сала кетсек, 6-апрелде КР Транспорт министри Аргынбек Малабаев 7 миллиард сомго бааланган 104 чакырымдуу Балыкчы-Корумду жолун куруу боюнча өткөрүлгөн тендер премьер-министр Темир Сариевдин жакындары тарабынан мыйзамдарды одоно бузуу жана коррупциялык жолдор менен өткөрүлгөнүн жарыя кылган.
Чыныбай Турсунбеков КСДПнын номиналдуу гана лидери экенин жана мындай билдирүүнү “Шоопурдун” уруксааты жок тарата албастыгын эске алганда Темир Сариевдин отставкасы де-факто чечилип калганы көрүнүп калды.
Булак:Кyrgyztoday.kg

Балыкчы-Корумду жолундагы коррупциялык мыйзам бузууларды иликтеген депутаттык комиссия Темир Сариевди отставкага кетирүү жана ишин укук коргоо органдарына өткөрүү чечимине келди

Бүгүн, 9-апрелде өткөн Балыкчы-Корумду жолун куруудагы коррупциялык мыйзам бузууларды иликтеген депутаттык комиссия өз ишин жыйынтыктап, корутундусун чыгарды. Ага ылайык комиссия 14-апрелде өтө турган Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Темир Сариевге ишеним көрсөтпөөнү жана отставкага кетирүүнү сунуштайт.
Комиссиянын чечими боюнча биринчиден, комиссия топтогон жол куруудагы коррупциялык схемалар жана мыйзам бузуулар боюнча далилденген фактыларды чара көрүү үчүн УКМКнын Антикоррупциялык кызматына өткөрүп берилет.
Экинчиден, Бюджеттик негизги принциптер боюнча мыйзамды одоно бузгандыгы, каржылоо булактары аныкталбаган курулушту баштаганы, ири өлчөмдөгү мамлекеттик каражатты мыйзамсыз бөлүп берип коррупциялык схемаларга жол ачкандыгы үчүн жана ошондой эле мыйзам бузууларга катышкандыгынын далилдери табылгандыгына байланыштуу премьер-министр Темир Сариевдин отставкасын кароо.
Комиссия бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирүү фактыларын, 104 чакырымдагы Балыкчы-Тамчы- Чолпон-Ата -Корумду жолун, жана 23 чакырым келген Бишкек-Манас жолун куруу боюнча тендерлерди өткөрүүдө мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамды одоно бузгандыктары үчүн премьер-министрдин, транспорт министринин жана анын орун басарларынын, Жол чарба департаментинин кызматкерлеринин жоопкерчилигин кароо маселесин парламенттин кароосуна алып чыгууну чечишти.
Булак: Кyrgyztoday.kg

Темир Сариев кечээ Атамбаевден "Жок дегенде премьер-министрлик кызматка келгениме 1 жыл толгуча иштейинчи" деп сураныптыр

Башына кара булут айланып, Унгар-Тоо менен Балыкчы-Корумду жолу боюнча коррупциялык айыптоолорго туш болгон премьер-министр Темир Сариев кечээ, 8-апрелде суранып жатып Алмаз Атамбаевдин кабыл алуусунда болуптур. Кабыл албай кыйнагандыктан бир күн мурун Укушов жазып, Текебаев кошула калган “Убактылуу өкмөт” деген китептин бет ачарына барууга убакыт тапкан Темир Сариев эртеси протокол боюнча сөзсүз катышууга тийиш болгон, мамлекеттик резиденцияда өтүп жаткан Евразиялык союз боюнча форумга катышууга убакыт таппай, ошол эле резиденциядагы Атамбаевдин эшигин сагалап жүргөн. Эмесе аталган форумга Россия федерациясынын Мамлекеттик думасынын спикери Сергей Нарышкин баш болгон Орусия, Армения, Казакстан өлкөлөрүнүн жоон топ делегациялары келишкен. Кыргызстанды Евразиялык союзга үндөп жүрүп киргизген, Евразиялык союзду өзүнүн премьерлик башкы идеологиясына айланткан Темир Сариев кызматтык креслосу кыймылдай баштаганда Евразиялык союзду да унутуптур.
Биздин булактардын билдирүүсүндө, ыйламсырап кирип барган Сариевди Атамбаев “Ушунчалык оор айыптар тагылып жаткандан кийин мен сени коргосом эл эмне дейт? Кетишиң керек”, деп осол кылыптыр. Айласы кеткен Сариев “жок дегенде премьер-министрлик кызматка келгениме 1 жыл толгуча, 2-майга чейин иштейинчи, антпесе “премьер-министр болуп 1 жыл да иштей албаган” деген сөз калат артыман” деп бозорот. “Жок, 2-майга чейин күтө албайбыз, 14-апрелге чейин гана убакыт берем”, деп Атамбаев көшөрүп, Сариевди жолго салат. Эми 14-апрелден кийин Кыргызстан жаңы премьер-министрлүү болуп калары күтүлүүдө.
Биздин булактардын айтымында, Атамбаев ден соолугуна байланыштуу президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда тапшырып кетүүгө даярданып, азыр айланасындагылар менен мураскерин канткенде бийлик башына ишенимдүү олтургузуп кете алам деген маселенин үстүндө иштеп жатыптыр. Акыркы учурларда ага Чүй кланынын таасири күчөгөндүктөн Атамбаев өзүнө мураскер катары Канат Исаевге токтолгон. Бул максатта Темир Сариев кетирилип, анын ордуна түштүктүн оозун жабуу үчүн түштүктүн өкүлү Сооронбай Жээнбековду премьер-министрликке дайындоо маселеси чечилген. Ошондуктан аны шашылыш түрдө жаңы эле дайындалган Мамлекеттик кызматынын төрагалыгынан президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары кызматына алып келишти. Бир тууганы премьер-министр болуп дайындалганына байланыштуу Жогорку Кеңештин спикери Асилбек Жээнбеков кызматынан кетет да анын ордуна парламенттин спикери болуп Канат Исаев дайындалат. Алмаз Атамбаев ден соолугуна байланыштуу президенттик кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетсе КР Конституциясы боюнча президенттин ыйгарым укуктары автоматтык түрдө спикерге өтөт. Андан ары эки тизгин бир чылбыр колуна тийген, спикер жана президенттин милдетин аткаруучу Канат Исаев жердеш агасы, БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун жана административдик, каржылык ресурстардын (“Кыргызстан” партиясынын негиздөөчүсү жана башкы спонсору Шаке Абдыкеримов сыяктуу олигархтар) жардамы менен шайлоону жеңип алалбай жаны жокпу? Атамбаевдин мураскери Чүйдөн болорун Атамбаев быйыл мартта Ошто жана Аксыда эл алдында “Менин чоң атам Шама мындан 150 жыл мурун Кокон хандыгынан Чүйгө качып келгенден бери Чүй эли бизди жээрибей колдоп, мени президенттикке чейин жеткирди” деп кайра-кайра кайталаганда эле белгилүү болгон. Анан өзүнүн санжырасын бир түштүктүк тарыхчыга жаздырып, өзүнүн тегин түштүктүк кылып, Чүй элине кайра-кайра ыраазычылык айтып жатканы коомдук пикирди Чүйлүк мураскерге даярдоо катары кабыл алынган.
Кыскасы, кыргыз коомчулугу жакын арада кызык саясый оюндардын күбөсү жана катышуучусу болору күтүлүүдө. Конституцияны кайра оңдоого убактысы жетишпей калганын түшүнгөн Атамбаев эми кыргызча саясый технологиялардын жардамы менен эле өзүнүн мураскерин такка олтургузуп, кызматтан кеткенден кийинки өзүнүн жана айланасындагылардын коопсуздугун камсыздап калууга аракеттене баштады.
Булак: Кyrgyztoday.kg

Жылдыз Жолдошова, экс-депутат: “Текебаев “досум” сотко келбей койду”

-Жылдыз Айтибаевна, 5-апрелде Өмүрбек Текебаев менен 6 жылга чукул созулган сот процесси өтмөк. Ошол соттук процесс эмне менен бүттү?

-Туура, сот процесси  6-жылга карай кетти. Бул жолу да кезектеги эле көрүнүш, Текебаев «досум» келбей койду. Текебаевдин суранычы менен сот өзү 5-апрелге соттун кезектеги кароосун койгон болчу.

-Текебаев кандай доо арыз менен сизди сотко берген?

-Апрель-июнь окуясы боюнча парламентте депутаттык комиссиянын орун басары катары мен тарабынан айтылган чындыкка чычалап, Текебаевдин жана «Ата Мекен» партиясынын «эки кан­дуу окуяларга күнөөбүз жок, башкалардын күнөөсү бар» деп, эмнегедир тарыхтын, эл­дин алдында эмес, менин алдымда актанып жатканы ма­га түшүнүксүз. Күнөөсү жок болсо, элдин алдына барып, күнөөсү жоктугун далилдеп берсин. Себеби, карапайым эл жабыр тартты.

 -Эмки сотуңар качан бо­лот?

-Сот процесси 19-майга саат 14:00 жылдырылды. Мен мурун да айткам, азыр да айтам, мени канча алар куугунтукташпасын, коркутушпасын, ким күнөөлүү болсо, июнь окуясына жооп беришет.

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

Булак: “АЗИЯnews”

Ахматбек Келдибековдун президент болууга шансы канчалык...

Учурда саясаттан четтегендей көрүнгөн Ахматбек Келдибеков жаңы саясый жүруштөрдүн  стратегия жана тактикасын аныктап, эс алуунун шылтоосунда жүрөт. Тымызын түрдө ага ыктагандар көбөйүп баратканы эмнени билдирет? Өзгөчө регионалдык кызыкчылыкты көздөгөндөр, президент Алмаз Атамбаевдин саясатына каршы тараптар бир муштумга түйүлүп атканы байкалууда.
Эсиңерде болсо, шаадык сот Келдибековду 10 млн сом айып пул төлөө үчүн милдеттендирген. А айыпталуучунун адвокаттары мындай чечимге каршылык көрсөтүшүп, Жогорку Сотко аппелациялык арыз менен кайрылышарын билдиришкен. Бул күрөш канчага созулары азырынча белгисиз. А бизге белгилүү болгону, Ахмат мырза 2017-жылдагы президенттик күрөшкө чыгууга дилгирленгени, жылма мааниде даярдыгын баштаганы таңгалдырууда. (Албетте, каарманыбыз «ооба, президенттик шайлоого барам» деп азырынча айтпайт. Кейбиреген айрым журналисттер суроо салса, ал «эс алып, ден-соолугумду чыңдап жүрөм» деп коет.) Юристтердин баамында, эгерде Келдибеков 10 миллион сомду мамлекетке төлөп койсо, мыйзам боюнча президенттик шайлоого катышууга укуктуу экен. Кудайдын көзү түзөлүп, мын­дай мүмкүнчүлүккө экс-спикер жетишчү болсо, анда аламан байгеден жеңишти илип кетери ажеп эмес. Билесиңерби, 2010-жылы «Ата Журт» партиясы парламенттик шайлоого атганганда, Келдибеков Ош облусуна куратор болуп, 103 миң добуш алып, баардык партияларды чаңында калтыруу ме­нен рекорд жасап койгон. Себеби, анын харизмасы, мамлекетгик деңгээлде ой жүгүрткөн акыл-эси, тажрыйбасы, финасылык абалы, айтор, баардык жагынан бышып-жетилип турат. Бир эсе түрмөгө отуруп, далай соттук процесстерди баштан өткөрүп, дагы кыйла чыйралды. Буга чейин болгону эркиндик керек болчу.
Бир жагдай бар, бийлик Келдибековдун президенттик шайлоодо ашыкча баш ооруну жаратарын алдын-ала туюп, ага чейинки Жогорку Сотто боло турган процесстери аркылуу «кайырмакка илуу» жагынан бир мандемди таап чыгышары мүмкүн. Бирок, Ахмат мырза да жөн отурбайт да, «эй, азыркы бийликтин заманы бүтүп баратат, менин пайдама чечим чыгар, болбосо кийин керт башың менен жооп берип каласың» деген омуроолорду жең
ичинен айттырып, омурткаларын сыздата тургандай ахвалга апкелип коюшу мүмкүн. Азыр соттор да кубулма эмеспи. Пайдалуу ыңгайды  эч кимиси колдон чыгаргысы келбейт. Баса, Камчыбек Ташиевди актап жиберген сотту билесиңер да, азыр ал «Республика – Ата Журттан» депутат болуп отурат. Мындай мисал экинчи жолу кайталанбасына ким кепилдик бере алат?
Ошентип, Келдибеков мыйзам алкагында тазаланып, колу-жолун ачып алса, прези­денттик шайлоодо топ жара турган бирден-бир талапкерге айланат. Башынан келаткан регионалдык кызыкчылык ойноп, «өзүбүздүн улактан теке салабыз» дегендер түп көтөрүлө колдоп чыгышсачы? Маселен, аксакал Үсөн Сыдыковдун кланынан баштап, оор салмактууТашиев сындуу дээрлик саясатчы, аткаминерлердин баары биригип, жердешчиликтин желаргысы менен катуу кетишери байкалып эле турат. Бекеринен Азимбек Бекназаров адвокаты болуп жүргөн жок да, көзү ачыктан бетер, кийинки президент ким болорун сезеби? А айрым эксперттер: «Түндүк кколдобойт да, ыя?» дегендей ыргылжың суроо салышы турган иш. Оо- ба, Курманбек Бакиевдин кандуу бийлигинен кийин бияктагы көпчүлүк  катмар чочулап калышкан. «Бакиевдин бөлтүрүктөрү» делген жарлык бар, жек көрүнушү мүмкүн. Мын­дай шартта, Келдибеков оңой эле жол табат. Эл астында кадыр-баркы бар саясатчыларды өзүнө тартып, жашыруун түрдө сүйлөшө баштайт. Келечектеги кызматтарды бөлүшүү боюнча. Айтмакчы, бир убакта Эркин Тентишев «Солто» коому ар­кылуу чүйлүк аксакалдардын баарын чогултуп, чай берип, досу Ахматты колдоп чыкканын билебиз. Ошондон көп өтпөй «Ата Журтгун» лидери камалып, ажыдаардын куйругун баскандай эле образдуу кар­тина тартылган. Бирок, азыр кырдаал башка. Президент кетээрин жар салган. Бийлик талашуу курчуйт. Оомал-текмел дүнүйөдө мансап, байлыкка көзү кызаргандар оой берет. Эки жакка секире бергендей…
Ошентип, Келдибековдун «кел-кели» башталса, бийлик ага каршы күч катары кимди алып чыгышы мүмкүн? СДПК партиясында туруштук бере турган белдүү, тажрыйбалуу саясатчы катары Иса Өмүркулов бар. «Кыргызстан» партиясынын лидери Канатбек Исаев алыска чуркай турган күлүктөй болуп, табында турат. А Өмүрбек Бабановго ишеним аз. «Мамлекетти камок кылат» деп ким айтты эле? Андыктан, береги эки лидердин бирөөсүн Атамбаев президенттик шай­лоодо колдоп чыкса, Келдибековго туруштук берүүгө шанс жаралмак. Бийлик бутагында абройлуу саясатчы катары да­гы башка ким бар? Мен Өмүркулов менен Исаевди эле көрүп турам! А эгер бул экөөнөн бөлөк кандидат ажолукка ат кой­со, анда Ахматбек Келдибековго «мамлекеттик резиденция» уттуруп коюшу ыктымал…
Рамис Бучуков
Булак: “АЗИЯnews”

Илим Карыпбеков, “Кызматкер менен, практикада жүргөн кыздын ортосунда чыр-талаш болгону чындык”

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков өзүнүн Фейсбук баракчасы аркылуу телеканал ичиндеги чырга түшүндүрмө берди. Карыпбеков КТРК кызматкери менен практикант ортосунда түшүнбөстүктөр болгону ырас, бирок айрым маалымат каражаттары жазган имиштер суу кечпейт деп жазат.

“Бир жума бою КТРКнын бир кызматкери менен бир учурда КТРКда стажировка/практика өткөн кыздын ортосундагы мамиле талкууланып, айрым кыргыз гезиттери аны бир чоң сенсация кылып, ага менин атымды байланыштырып келишет. Мен бул жөнүндө сөз кайтарбаганымдын себеби жөнөкөй — мындай иштерди адамдын жеке мамилелери, жеке жашоосуна тийиштүү деп келем.

Өйдөдө айткандай кызматкер менен, практикада жүргөн кыздын ортосунда чыр-талаш болгону чындык. Бирок мындай түшүнбөстүк, тил табышпастык ар бир жааматка, үй-бүлөгө таандык деп ойлойм. Айрым кыргыз гезиттери укмуш деңгелге көтөрүп, сенсация кылган окуя аягы тиркемеде көрсөтүлгөн тил кат менен бүттү. Өзүңүздөр таанышып, жыйынтык чыгарсаңыздар болот.

Тил каттардын мазмуну мундай: «Тосмо арыз.
Мен О.А. Бишкек шаар Ленин РИИБнын О.Знын үстүнөн ал мени зордуктап боюмда кылган деп арыз жазгам. Бирок чындыгы З.О. мени зордуктаган эмес. Биз өз ара келишбестиктен жиним келип ушундай ишке барып отурам.
Мындан ары З.О. эч кандай арыз дооматым жок. Ошону менен бирге менин биринчи жазган арызымды кароосуз калтырууңузду өтүнөм.
Арыз өз колум м/н так жана туура жазылды.
О.А.К.
2.04.2016.

Тил кат
Мен О.А., З.О. м/н жыныстык катнашта болгон эмесмин. Өзүмө жардам сурап кайрылсам жардам бербей койгондуктан ачуум м/н милицияга арыз жазып койгом.
Тил кат өз колум м/н так ж/а туура жазылды.
О.А.К.
2.04.2016.»-деп жазылат.

Буга чейин айрым интернет басылмалар КТРК кызматкерлерди тандоодо ар кандай мыйзам бузууларга жооп берет деп кызуу талкуулаган болчу.

Булак: “Эл деми”

Алкым азабынан ээрден шыпырылган башбакандар: миллиондорду чапчыган аргымак, миллиарддарды кымырткан дирекция, бүтпөгөн жол…

Апрель революциясынын башкы жеңиштеринин бири катары – өкмөттүн табигый түрдө алмашуусун айтсак жарашат. Мурда премьер-министрдин же башка жооптуу кызматкердин жеп-ичкени ачыкка чыкпай, “жабылуу аяк жабылуу бойдон калып келсе”, азыркы системада коомчулукка баардыгы алаканга салгандай көрүнүп калды. Буга акыркы төрт жылда эки премьердин жана учурдагы өкмөт башчысы Темир Сариевдин коррупцияга шектелип ээрден шыпырылуу алдында турганы тирүү мисал.

Өзүн көкөлөтө мактатып, ММК төрүнөн түшпөгөн Өмүрбек Бабанов кокусунан өкмөттүн “туруна” конгон эле. Жарытып иш кылгандын ордуна пиар менен алектенип, ошол эле маалда капчыгын кампайтканды унутта калтырбаптыр. “Кызыл өңгөч кекиртек, кыйла жерге секиртет” демекчи, Токтогул атанын уулу баштан ашкан байлыгы турса да алкымын тыя албады. Анын кесепетин тартты. Парламенттеги “Ата мекен” фракциясы аны куну 1,4 млн. долларды чапчыган аргымакты парага алган деп айыптап, ээрден оодарып түштү.

Бабановдун жылуу ордун ээлеген Жантөрө Сатыбалдиев алгач жакшы эле иштеп аткансыган. Бирок, анын башбакандык доораны бир жылдан араң ашты. Жантөрө Жолдошевичтин Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясындагы ишмердүүлүгүндөгү алешемдиктер четинен чуурулуп чыгып, жыйынтыгында ал отставка берүүгө аргасыз болду. Андан кийинки премьер Жоомарт Оторбаев жылдык отчетин кабыл алдырганына ыраазы болуп өз каалоосу менен ордун бошотуп бергенине жамы журт күбө.

Айрым маалымат каражаттары учурдагы башбакан Темир Сариев Ысык-Көлдөгү Балыкчы-Корумду жолун куруудагы тендер чырынан улам “пошел” болоорун жар салды. Депутаттык комиссия тендер мыйзамды одоно бузуулар менен өткөнүн жарыяласа, транспорт министри Аргынбек Малабаев бул иште премьер-министрдин жеке кызыкчылыгы болгонун билдирди. Кандай болгон күндө да, бул чыр тыкыр иликтенип, күнөөлүүлөр жазага тартылышы керек.

Ушул көрүнүш парламенттик башкаруу өзүн өзү актап, туура жолго түшкөнүн айгинелейт. Мурдагы режим тушунда мындайды элестетүү таптакыр мүмкүн эмес эле. Ушул жолубуздан тайбайлы!

Булак: “Эгемен”

«Аалам» саясий партиясы Ата-Бейит комплексине курман болгондордун урматына мөмөлүү дарак отургузушту

«Аалам» саясий партиясынын мүчөсү Манас Ахматовдун демилгесин колдоп, «Аалам» партиясы  Ата-Бейит комплексине  150 жаңгак, 50 түп алма бактарын 7-апрелде каза тапкан жана Совет доорунун репрессиянын курманадыгы болгон инсандардын урматына отургузушту. Бул тууралуу экс-депутат Жылдызкан Жолдошова билдирди.

“Тигилген бак дарактар тынчтыктын, улуттар арасындагы ынтымактын жана биримдиктин символу болот деп ишенүү менен элибизге бакубаттуулукту алып келсин” –деп бата тилешти «Аалам» партиясындагылар. Аталган иш чарага көптөгөн коомдук мекемелер катышып, маркумдарга куран окулду.

Партия  Аалам

Гүлжан Шерипбаева, Kyrgyztoday.kg

Революциянын баатырлары четке сүрүлүүдө

Кандуу калабанын жүз бергенине 6 жылга аяк басса дагы ал күндүн нагыз каарман, баатырлары алигиче татыктуу баасын албай келгендиги жалган эмес. Адилеттүүлүк болбосо ошо да. Адеп эле Таласта кандуу бийликке чакчырылып, алгачкылардан “тиш салган” айтылуу Болот Шердин төшү түктүү жардамчысы Дуулат Тургуналиев бүгүн Казакстанда качып-бозуп жүргөндүгү кеп болсо (ашкере обу-жок, жосунсуз жоругу үчүн), коркунучтуу режимге каршы башын сайып, Акүй алдындагы мөндүрдөй жааган окко жалтанбастан төшүн тоскон Алиясбек Алымкулов сындуу нагыз баатырлар эчак четке сүрүлүп калганы качан? Карапайым элден чыккан баатыр, кара таман элдин нагыз өкүлү катары куру дегенде дал ушул Алиясбек Алымкулов бийликте турса болбойт беле? Көрсө, революцияны каарманыбыз сындуу фанаттар жасаганы менен улам келген бийликти тегеректеген Карашев, Сарпашев өңдүү “күн карамалар” ар убак пайдасын көрөт тура. Анан кайдагы адилеттүүлүк?

Кыргыз кыйындарын куйтулар эле ар убак курутуп келишкен. Бүгүн да андай сокур саясаттын айынан Алиясбек баштаган эл уулдары четке сүрүлүп калышууда. Көрсө, адилеттүүлүктү, калыстыкты, бетке чапмай адаты бар ак дилдүү азаматтар учурда Аксарайга жат болот тура. Албетте, бул убактылуу көрүнүш. Түпкүлүгүндө бүгүн болбосо да эртеңки күнү тарых баасын берет. Мамлекетке чыккынчылык жасабаган эр жүрөк инсандар эртели-кеч бааланат. Буга ишенсек болот.

Ток этери, кандуу режимге каршы калың топту жетектеп, башына автоматтын огу жаңылып, канжалап турса да Акүй алдынан кетпей, миңдеген жаштарга дем берип, элдин үмүтү, урпактардын эртеңки келечеги үчүн канкор бийликтин огу менен арбашкан Алиясбек Алымкулов сындуу агаларыбыздын тайманбас эрдиктери кийинки муунга сыймык менен айтылаары талашсыз. Мезгилдин агымы менен жаралган Алиясбек баштаган андагы баатырларыбыздын үмүтү менен тилегин азыркы төбөлдөрүң канчалык деңгээлде актайт? Ага мезгил гана тараза болоор?! Биз болгону бүгүнкү датаны утурлай, анын үлгү болчу эрдигине учкай гана сүртүм бердик. Анын элге жасаган эрдиги гезиттин бир аз бетине сыйчудан эмес. Келечекте он жыл, жүз жылдап кылымдар бою айтылаар…

Канжар Борпошов  

Булак: “АЗИЯnews”

         

Арашандын алма багында... “Мен СДПКнын талапкери катары аламанга аттансам, шеф колдосо, президент болом” дегендер

2017-жылдын соңку айларында Алмаз Атамбаев президенттик кызматын тапшырып берет. Шайлоо аркылуу жаңы президент шайланышы керек. Азыр болсо, А.Шаршеновичке жакын жүргөн аткаминерлер жагалдануу менен өздөрүн көрсөтүп калуу жагына ык коюшту. “Мен СДПКнын талапкери катары аламанга аттансам, шеф колдосо, президент болом” дегендер тымызын оюн кылышууда. Кылтыйып алышып. Бирок, мамлекет башкара турган адам саясатта такшалган, таза, көпчүлүк элдин колдоосуна татыган артыкчылыктары болушу зарыл. Президент деле ойлонот да, таразалайт, татыктууну тандаса керек. СДПКнын талапкери катары шайлоого алып чыгуу үчүн…

Таңгаласың. Алты жылдан бери коррупционерлерге, ар кандай чекте мыйзам бузгандарга кылмыш иштери козголуп, жазаларын алышууда. Азыр дагы андай процесстер күчүндө. Бир жагынан оппозиция менен бийликтин тиреши күчөдү. Эки тарап маалыматтык согуш аркылуу күрөш жүргүзүүдө. Көпчүлүк бакылдагандар өздөрүнүн күнөөлөрүн сезбей, бүгүнкү системаны согуп, президент Алмаз Атамбаевге кек сакташууда. О.э. азырынча унчукпай жатып, кийин душман катары чыга турган бузукулар дагы абдан көп. Негизи саясый элита ирип-чирип кеткенин көрүп эле жүрбөйбүзбү…

2017-жылдан кийин кандай бийлик келе турганы азырынча белгисиз. А.Атамбаев кызматын өткөрүп коюп, Арашанда жашап калса, кокодон ашкан душмандары кордук көрсөтпөйбү? Албетте, бул суроо. Ошол кезди элестеткиле, бүгүнкү толгон кошоматчылардын бири жок, Акаев-Бакиевден калган “попутчиктер” башка поездге жармашып, кете беришет да. А баягы эле эски достор Иса Өмүркулов, Туйгунаалы Абдраимов, Сооронбай Жээнбеков өңдүү чакан эле тилектештер жана Болот Сүйүнбаев, Икрам Илмиянов, Улан Исраилов сыяктуу шумкарлар калат го. Арашандын алма багына чогулушуп, дарылык үчүн кара улакты союп жешип, кызыл чай иче жамбаштай жатышса, өткөн-кеткен күндөрдү эстешип… Куушуп-сүрүшпөгөн мындай келечек болсо, жакшы анда, “Кудайга шүгүр” деш керек!

(Анүчүн келечекке туура анализ берип, тазалыкты сактоо менен мезгилдин күрөө тамырын кармагандай көрөгөчтүк саясат керек. Азыр ошондой болуп атабы?..)

Бекчоро Элебесов

Булак: “АЗИЯnews”

Революциянын максаттары ишке аштыбы? ...Революция болгон жок, ак сарайда бийлик алмашуу болду

 

Туура 6 жыл өттү. Кандуу калабанын жүз бергенине. Убакыт зымырык куш сымал өтүп жатат. А андагы көпчүлүк элдин үмүтү бул аралыкта акталдыбы? Кандуу 2010-жылдын 7-апрелиндеги карапайым элге карай курал колдонууга буйрук бергендерге карата эмнеге ар жылы 7-апрель датасын утурлай гана сот иштери жарым-жан боло жанданат? Эмнеге? Айтор, түйүндүү суроолор арбын. Мындай түмөнсүз соболдорго мезгил, анан да карт тарых гана баа берээр. А биз кандуу окуяга байланышкан жогорудагыдай соболдорубузга калк камындагы инсандар менен бирге жооп издедик. Калганына карапайым эл сынчы болоор…

Мээрбек Мискенбаев, ЖК депутаты:

Жогорудагы суроолор 2010-жылдын апрель окуясынын каармандарынын ар биринин жүрөгүндө. Бул соболдорго 6 жыл аралыгында эч ким конкреттүү жооп берген эмес. Албетте, “элдин үмүтү акталды” деп айтуудан алысмын, ал эми 2010-жылдан кийин бийликке Акаев менен Бакиевдин жанында жүргөн эрендер ошол кездеги оппозицияда жүргөндөр менен кошо ээрчишип, бийликке илешип кеткенин баарыбыз билебиз. 7-апрель боюнча сот иштери абдан көп узакка созулганы чын. Өкүнүчтүүсү, кылмышкерлер чет жакта качып жүрөт, аларды өлкөгө алып келип, жазасын берүүгө тиешелүү органдардын чамасы жеткен жок. Мен өзүм кандуу апрель окуясында оор жаракат алгам, бүгүнкү күндө 2-группадагы майыпмын. Бирок, буга карабастан мен апрель революциясынын баалуулуктары менен идеяларынын ишке ашышы үчүн акырына чейин күрөшөм. Айрым саясатчылар революциянын аркасы менен бийликке келишкен, бирок, кызматка жетээри менен берген убадаларын, элдин талаптарын унутуп койгондой туюлат. Бүгүнкү күндө жалгыз гана президент Алмазбек Атамбаев 7-апрель окуясына олуттуу көңүл буруп, өлкөнүн өсүп-өнүгүүсү үчүн ири долбоорлорду ишке ашырып, иштеп жатат.

Чолпонбек Сыдыкбаев, саясый илимдердин кандидаты:

–Эң негизгиси, андагы “Убактылуу”, азыркы аракаттеги бийликтегилер “Ата Бейитте” шейиттердин күмбөзүндө туруп: “Күнөөлүүлөр жазаланат, эл турмушу оңолот” деп берген анттарын аткарышкан жок. Кыргыз элинде “арбак урсун, убалы уктатпасын” деген сыяктуу ант, каргыштар бар. Шейит кеткендердин ата-эне, жетим-жесирлери кайгы-муңун ичине катып, өксүп кала беришти. Чындап келсе, 2005-жылы жана 2010-жылы да калк мынчалык каржалып, кыйналган эмес. Ага далилдер көчөгө чыксак толтура. Жан багуунун айласынан тышка кетип жаткан эмгек мигранттарынын саны суюлмак тургай күч алды. Бийликтин убадалары, програмаларынын бири да аткарылган жок. 6 жылда бир да реформа аягына чыкпады. Биздикилер баарын жалпы кризиске шылтагылары келишет. Анысына ишенейин десең, коңшу өлкөлөрдө антикризисттик реалдуу программалар иштеп жатат. Кыскасы, В.Черномырдин айткандай: “Хотели лучшего, а получилось как всегда”.

Темирбек Асанбеков, “Мекен Ынтымагы” партиясынын лидери:

–Жалпысынан алганда, эч өзгөрүү болгон жок. Саясый, экономикалык, социалдык маселелер өтө оор абалга кептелип, анын чечилүү маселеси дагы деле коомго түшүнүксүз. Анткени, бийлик институттарында баягы эле эски, жыдып бүтүшкөн, мамлекеттин өнүгүүсүнө тоскоолдук кылган саясый топтор жеке кызыкчылыгынын негизиндеги амалдуу иштерин улантып жатышат. Болгону ушундай.

Наргиза Мансурова, журналист:

–7-апрель кандуу окуялардан бери арадан алты жыл өтсө да, ал кездеги жара күнү бүгүнкүгө чейин карттанбай келет. Ал күндөгү окуялар мамлекетибиздин тарыхында кара так болуп, түбөлүккө сакталып калат. Бирок, ал каргашалуу күндөрдө өмүрүн берген мекендештерибиздин курмандыгы бекер болбогонуна мен ишенем. Анткени, ал окуялар кыргыз элин көп нерсеге үйрөттү. Биздин демократиялык аң-сезимибиз дагы бир тепкичке бийиктеди да. Мындан ары бийликти күч менен басып алуу, президенттерди кууп чыгуу деген прецеденттер кайталанбайт дегенге ишенели. Эми мыйзам чегинде иш кылууга үйрөнөлү. Ал эми бул окуялар өзүнүн чыныгы баасын али күнчө ала элек. Ал үчүн арадан дагы бир топ жыл өтүп, бир эмес, 2-3 жолу бийлик алмашышы керек. Азыркы учурда болсо, бизге тынчтык гана керек. Анткени, кашыктап курап келе жаткан мамлекеттүүлүгүбүздү бир заматта жоготуп алуубуз мүмкүн.

Мукар Чолпонбаев, экс-министр:

–Эки революция болгонун айтабыз. Бирок, буга эл ыраазы болгон жок. Анткени, эч кандай революция болгону жок. Тек гана Аксарайда бийлик алмашуу болду. Акаев менен сүйлөшүп туруп, аны кетирип, ордуна Бакиев келди. Аны сүйлөшүп кетирип, ордуна ошол эле Акаев-Бакиевдин командасында жүргөндөр келишти. Саясый система ошол бойдон калды. Аткаруучулар эле алмашканы болбосо. Бийликте дагы эле баягылар отурушат, отургучтарын эле алмаштырып коюшуп. Баягы жарды эл жарды бойдон, тентиген эл тентиген бойдон… Ошого кайсы эл ыраазы болот? Демек, коомдук, саясый системаны өзгөртмөйүн жана бийликке жаңы адамдарды алып келмейин эч нерсе өзгөрбөйт. Бул саясый система жана эгемендик алгандан бери бийликте келе жатышкан топ адамдардан кутулмайын жакшылык, акыйкаттык, чындык, тартип, тынчтык да болбойт.

Ийгилик Болсунбаев

Булак: “АЗИЯnews”

 

 

Текиреңдеген Темикени тендер айласын кетирүүдө

Өткөн аптада көлдүктөр «Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун курулушун токтотууга Исаев менен Текебаев кызыкдар» деп жасалма митинг сыяктуу өткөрүшкөнү айрым ММКларга жарыяланган эле.Биз аны «жасалма, сабатсыз кара пиар» деп жаздык эле. Бүгүн Жогорку Кеңеште аталган мандемдүү тендерди иликтөөгө алган депутаттык комиссиянын отуруму өтүп, анда жолду Исаев, Текебаевдер токтотпой эле, акча каражаттын жоктугунан токтоп турганын каржы министринин өкүлү тастыктады. Анан калса, 2016-жылдын бюджетине кирбеген бул курулуш качан улантылаары белгисиз экен. А бул жол «Көчмөндөр оюнуна» чейин бүтүшү керек эле. Кургуйга түшкөн каржыны айтпай, Канатбек Исаевди баш кылып, күнөөлөгөн өкмөттүн кара пиарына «баракелде» дебеске арга жок.

Урматтуу көлдүктөргө айтарыбыз, жолуңарды Исаев, Текебаевдер токтоткон жок, каржысы жок так ушул өкмөт токтотуп турганын айткыбыз келет.

 

Булак: “АЗИЯnews”

Мелис Турганбаев, ички иштер министри: “Мага кол салууга Жаныштын духу жетпейт”

Жөнөкөй турмуштабы же саясатттабы, айтор, Мелис мырза дайыма өзүнүн реалдуу пикирин айтып, жеке профессионалдуу кызматы үчүн кам көрөт. Бирок, ортодон көралбагандар ар кандай сөздөрдү таратып, каралоо жагынан күчөп турган кездери. Бул боюнча Минскидеги Жаныш Бакиев дагы жөн жатпай, “төө кыядан өткөндөн кийинки” сөздөрүн тартуулаган туру. Тескери кеткендер акыры уят болорун ойлобойбу? Кызыгы, бул жаатта генералдан суроо алуу кыйынга турду, ошентсе да биз көгөрүп, анын ой-пикирин билүүгө аракет кылдык.

–Мелис мырза, журналист Адилет Айтикеев Минскиге барып, Жаныш Бакиевден маек алып келиптир. “Генерал Турганбаевге негизги катуу сөздөрдү айтты” деген маанайда анонс кылууда…

–Анын Кыргызстандагы эң башкы душманы, “көргөн жерден жеп-жута коеюн” деген душманы менмин. Бакиевдердин чыныгы жүздөрүн ачып көргөздүк да. Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча ишти ачканыбызды кыргыз эли билет…

–Сөзүңүзгө аралжы, башында “кулак-сөөмөй” боюнча ажырым кетсе керек…

–Анда дагы куйругун басып алдык. Раматылык Медет Садыркулов ошондо айтты да, “байкеси кечирим сурап атат, ишти башкалар улантсын…” деп. Мен ошондо эле булар менен жолум эки ача экенин ойлогом.

–2010-жылы бийлик алмашкандан кийин Садыркуловдун өлүмүн иликтей баштадыңыз да?

–Ошол жылы май айында мен ИИМге орун басар болуп келдим. Мурдатан бир топ материалдар бар эле, группа түздүк, анализге ала баштадык. Баягы “кулак-сөөмөйдү” ачканга салым кошкон балдардын баарын бакиевдер жоготушкан болчу. Жумуштарын алмаштырып, айрымдары бош жүрүп калган. Мына ошолордун баарын кайра чакырып, тергөөчүлөрдү, дагы кошумча күчтөр менен атайын топ түзүп, кылдаттыкта иштедик. Баардык жагынан моюнуна коюлуп, далилденди, ошондуктан сот узак мөөнөттөр менен катаал чечимдерди чыгарды. Бирок, Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу издөөдө жүргөн адамдар дагы бар. Ушунун баарын жасап атса, кантип адилеттүүлүк үчүн күрөшпөйсүң?.. Билесиң, мен шаарда иштеп атканда бизнесмен Шон Дейли өмүрүнө кол салуу боюнча кат аркылуу кайрылган. Биз атайын топ түзүп, аныгында, ошол иш боюнча Максим Бакиев дагы соттолду. Анан булар мага душман болбогондо ким душман болот? Эсиңерде болсо, 2010-жылдын 7-апрелинен кийин эл ичинде деле бакиевдерге карата эки анжы болгондой, кандайдыр бир түшүнбөстүктөр болуп атканы байкалган. Адам өлтүрүүлөргө байланыштуу фактылар чыккандан кийин коомчулук алардын ким экенине ишенишкен. Жүздөрү ачылган. Анан мени булар жакшы көрөбү?

–Сизге кол салууга барышпайбы?

–Жаныштын духу жетпейт да. Мен деле чоподон жасалган жигит эмесмин. Эч кимге сыр эмес, алардын мүлктөрү башка бирөөлөргө катталып, жашыруун түрдө сатылып, акчалары жөнөтүлүп атканы боюнча маалыматтар бар.

–Ошол жагы мыйзамдуулук боюнча кандай каралат?

–Жанышка мүлктөрү өзүнө катталган эмес да. Буга чейин алар бияктагы тилектештери менен катташып эле жатышат. Башкасын айтпасак да, журналисттер, арттисттер барып келип атышпайбы. Бул жагы эч кандай сыр эмес.

–Сизден өч алуу боюнча маалыматтык согушту жарыялап атышабы?

–Бүгүн булардын тагдыры кандай болуп атканын баарыбыз билебиз да. Агасы эмне болду, өзү кантип жүрөт, көрүп эле турабыз, бирок, көңүл бургубуз келбейт. Булар биз боюнча эч качан жакшы пикирин айтпайт. Жаныш менен эч убакта мен жакын болгон эмесмин. А дээрлик күч органдарында, прокуратурада, сотто, баардык тармактагы кыйын болуп жүргөндөр “Жаныш аке” деп айланчыктап эле жүрүшчү. Азыр баары “белый и пушистый” болуп атышпайбы… Баягы 2005-жылы революциядан кийин мен шаарда УВДнын орун басары болуп турганда, Алдаяр Исманкуловду наркотик, пистолети менен кармаганбыз. Буйрутма адам өлтүрүүлөр боюнча дагы иштегенбиз. Ошол кезде мени “крайный” кылышып, жумуштан алып коюшкан. Алдаяр деген Марат Бакиевдин досу болот экен.

(Уландысы бар)

Асланбек САРТБАЕВ

Булак: “АЗИЯnews”

Меню