Menu

Экс-президент Отунбаева: "Рахмон уклонялся от разговора относительно приграничных проблем"

Экс-президент Кыргызстана Роза Отунбаева заявила, что глава Таджикистана Эмомали Рахмон уклонялся от решения проблем на таджикско-кыргызской границе.

“В бытность президентом я приглашала таджикского лидера Эмомали Рахмона за стол переговоров, спрашивала о проблемах и предлагала решать их, но он всячески уклонялся от этого, переводя разговор в другое русло”, – сказала Отунбаева в интервью радиостанции “Азаттык” (киргизская служба Радио Свобода).

“С Исламом Каримовым (президент Узбекистана, – прим. “АП”), к сожалению, диалог вообще не строится”, – отметила она.

Отунбаева указала на сложность решения этих вопросов с лидерами двух соседних стран. “Некоторые люди говорят, что, мол, другой президент смог бы встретиться и договориться с Каримовым, Атамбаев на это, якобы, не способен. Да, хорошо, если можно было бы все решить с ними, но этого не получается. В любом случае нужно решать такие вопросы терпеливо и в то же время без промедления и остановки”, – подчеркнула она.

По словам экс-главы Кыргызстана, в мире около 200 государств, приблизительно половина имеет такие же проблемы с границами или внутренними территориями. “Например, – сказала она, – когда мы вспоминаем Китай, то говорим только хорошее, мол, он предоставляет нам кредиты. На самом деле Китай находится чуть ли не на грани войны с государствами Юго-Восточной Азии – Японией, Вьетнамом, Филиппинами и другими”.

Отунбаева полагает, что доставшиеся от Советского Союза проблемы не решаются уже в течение 25 лет. “Да, мы испытываем с этим трудности, оказавшись в тупике, и не можем найти понимание с главами соседних стран. Но этот вопрос можно решить только при участии двух сторон”, – добавила она.

Отметим, что между Кыргызстаном и Таджикистаном остаются нерешенные вопросы по нескольким приграничным участкам. На спорных участках периодически происходят инциденты, часто- с человеческими жертвами.

Источник: centrasia.ru

Кубатбек Кожоналиев, общественный деятель, генерал юстиции: "Задержание оппозиции не улучшит репутацию власти"

– Кубатбек мырза, есть ли основания беспокоиться о том, что оппозиционеры захватят власть?

– Судя по сведениям, выложенным в интернет, с самого начала все действия оппозиции были под контролем ГКНБ. Поэтому власть не боялась того, что она лишится своего положения. Если бы была такая угроза, они приняли бы другие решения.

– Не думаете ли вы, что задержанные оппозиционеры будут избиты в СИЗО ГКНБ, что они будут сломлены?

– Каждый человек может столкнуться с таким испытанием. Время покажет, как люди преодолеют это испытание. Поэтому пока рано прогнозировать и говорить, что кого-то сломают.

– Разве после вашего ареста в СИЗО не была применена сила?

– Они не стали опускаться настолько низко. Но пытались сломить морально: на протяжении четырех дней по ОТРК необоснованно очерняли, называя “террористом”, нынешний омбудсмен Кубат Оторбаев хорошо послужил власти. Можно об этом и не говорить, это и так известно, желавшие тогда нас оклеветать, сломить чиновники сегодня сами столкнулись с таким испытанием.

– Говорят, с юридической точки зрения абсурдно сажать из-за аудиозаписи. Что вы об этом думаете?

– Тяжело сказать, пока не ознакомлюсь с делом. Потому что пока неизвестно, какие действия процессуально были закреплены.

– Не думаете ли вы, что этих политиков вовсе осудят за их слова “Атамбаев кетсин!”?

– От нашей судебной системы можно ожидать чего угодно: даже осудили экс-министра Равшана Сабирова на основании неуверенных показаний одного свидетеля. Нет никаких гарантий, что и на этот раз будет применен такой метод. Я бы хотел, чтобы дело объективно расследовали, чтобы задержанные политики вышли на свободу, чтобы они опирались на закон, а не на силу.

– Власть хотела с этой аудиозаписью без веревок связать по рукам и ногам оппозицию. Это принесет плоды или спровоцирует недовольство народа?

– Все будет зависеть от найденных во время следствия доказательств: конечно, могут быть недовольства, если обвинение будет основываться только на словах. Задержание настоящих оппозиционеров, выдвижение серьезных обвинений не улучшит репутацию власти.

Источник:  “Майдан.kg” 

Иса Өмүркулов, КСДПчы депутат: "Премьер-министр Темир Сариев жана транспорт министри Аргынбек Малабаев экөөсү тең отставкага кетиши керек"

“Премьер-министр Темир Сариев жана транспорт министри Аргынбек Малабаев экөөсү тең отставкага кетиши керек”, – деп билдирген бүгүн, 7-апрелде Тазабек агенттигине Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш” комитетинин төрагасы, КСДП фракциясынын депутаты Иса Өмүркулов.
“Бул менин жеке пикирим. Балыкчы-Тамчы- Чолпон-Ата -Корумду жолун куруу боюнча тендер мыйзамдарды одоно бузуулар менен өткөрүлгөн. Сөз өтө ири суммадагы акчалар тууралу жүрүп жатат.Ошондуктан премьер-министр да, транспорт министри да катуу жазаланыш керек деп жоопкерчилик менен айта алам. Ал тендердин өткөрүлүшүн текшерген комиссия мыйзам бузуулар боюнча баардык далилдерди даярдап койду. Лицензия туура эмес берилген, баасы жана башка маселелер боюнча тендер алдындагы тандоого ылайык келбеген компания тандалган. Бул боюнча тийиштүү далилдер жакында элге жарыяланат”, – деди Иса Өмүркулов.

Фотобаян - Жалал-Абадда окуучулар арасында «Мыктыгер 2016» аскердик патриоттук спорт мелдеши болуп өттү

Бүгүн, 7-апрелде Жалал-Абад шаарындагы Курманбек баатыр фольклордук-этнографиялык аянтында мектеп окуучулары арасындагы «Мыктыгер 2016» аскердик патриоттук жана спорттук мелдеши болуп өттү деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Мектеп окуучулары арасында уюштурулган мелдешке областтын аймагындагы район-шаарлардан 11 команда катышты. Ар бир командада 20 өспүрүм улан жана 10дон кыздар болду. Мелдештин катышуучуларын өкүл Жумагүл Эгембердиева куттуктады.
ЖА Мыктыгер2
– Эгемендүү Кыргызстандын эртеңки келечеги Сиздердин терең билим алууңуздарга жана аскердик патриоттук мыкты даярдыгыңыздарга байланыштуу экендигин эч качан жадыңыздардан чыгарбаңыздар. Бүгүнкү өтүп жаткан аскердик патриоттук даярдык жана спорт мелдешине «Мекеним менин – Кыргызстан» долбоорунун алкагында областыбыздын бардык район-шаарларынан эң мыкты окушкан жана аскердик патриоттук спорттук жогорку көрсөткүчтөрдү жараткан жогорку класстардын окуучулары катышып жаткандыгын канааттануу менен белгилеп кетким келет.
ЖА Мыктыгер
Мамлекетибиз тарабынан мектеп окуучуларына акысыз татыктуу орто билим берүү жана келечекте татыктуу кесип ээлери болуусуна ар тараптуу шарттар жаратылып берилүүдө. Бүгүнкү аскердик патриоттук багыттагы «Мыктыгер – 2016» мелдешине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүнүн резервдик фондусунан 200 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилди. Мен терең ишенемин, бүгүнкү мелдеште чыныгы күжүрмөн даярдык менен келген мекенчил командалар байгелүү орундарды камсыз кылышат. «Мыктыгер – 2016» мелдештери аскердик патриоттук спорттук даярдыкты сынаган мелдеш гана болуп калбастан өсүп келе жаткан жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоонун эң мыкты үлгүсү болуп калаарында шегим жок. «Мыктыгер –2016» аскердик патриоттук даярдык багытындагы спорттук мелдешти өткөрүүнүн башкы максаты мектеп окуучуларынын арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, аны болтурбоо, жаштарды мекенчилдикке үндөө, баштапкы аскердик даярдыкка окуучуларды такшалтуу жана мекенди коргоо сезимдерин күчөтүү болуп санаалары анык.
ЖА Мыктыгер3
Бактылуу элдин эки энчиси болот дейт. Биринчиси, анын даанышманы, экинчиси анын баатыры дейт. Мен тилеп кетээр элем, келчекте Силердин араңардан эл керегине жараган даанышмандар менен баатырлар чыксын. Демократия жолун тандап алган Кыргызстандын эртеңки тагдыры Сиздердин колуңуздарда экендигин эч качан жадыңыздардан чыгарбаңыздар. «Мыктыгер – 2016» аскердик патриоттук даярдык багытындагы спорттук мелдешиңиздерге чын дилимден ийгилик ийгилик каалаймын. Эң мыкты даярдыктар менен келген командалар татыктуу байгелүү орундарды камсыз кылаарына терең ишенемин,- деди өкүл Жумагүл Эгембердиева.
ЖА Мыктыгер5
«Мыктыгер 2016» аскердик патриоттук спорт мелдешинин катышуучуларын Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов, Апрель революциясынын катышуучусу Бактыкан Өмүралиева, областтык ички иштер башкармасынын башчысы, милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков жана областтын казысы Абдулазиз Закиров куттукташты жана күжүрмөндүүлүк менен чыдамдуулукту талап кылган мелдеш таймаштарына ийгилик каалашты.
ЖА Мыктыгер6
Ушул эле күнү түштөн кийин мектеп окуучулары арасындагы «Мыктыгер 2016» аскердик патриоттук спорт багытындагы мелдештин жыйынтыгы чыгарылды. Калыстар тобу тарабынан чыгарылган мелдештин жыйынтыгы менен Биринчи байгелүү орун, түстүү телевизор, Дипломдор жана өтмө Кубок Сузак районунун «Илбирс» командасына, экинчи байгелүү орун, түстүү телевизор жана дипломдор менен Жалал-Абад шаарынын «Манас» командасы жана үчүнчү байгелүү орун, түстүү телевизор жана Дипломдор менен Майлуу-Суу шаарынын «Бүркүт» командасы сыйланды. Калган 8 команданын мүчөлөрү дагы баалуу сыйлыктар жана Дипломдор менен сыйланышты. Сыйлыктарды жеңүүчүлөргө өкүл Жумагүл Эгембердиева тапшырды.
ЖА Мыктыгер7
ЖА Мыктыгер8
ЖА Мыктыгер9
Жолдошбай Осмонов, журналист

Аргынбек Малабаев, транспорт министри: "Тендерди утуп алган кытайлык “Лонг Хай” компаниясын "Ак шумкар" партиясынын жигиттери жетектейт"

“Балыкчы – Корумду” автожолун куруу боюнча тендерди уткан кытайлык “Лонг Хай” компаниясы транспорт министринин орун басары Улан Уезбаевдин жакын досторуна таандык. Бул тууралуу министр Аргынбек Малабаев “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.
– Компанияны жетектеген Азамат Жунушалиев, Эрнист Жунушалиев деген жигиттер менин орун басарым Уезбаевдин жакын достору. Алар “Ак-Шумкар” партиясынан болушат. Уезбаев мен жокто бардык келишимдерге өзү кол коюп салган, – деди Малабаев.
Улан Уезбаев министрдин айткандарын жалган жалаа катары жокко чыгарууда. Анын айтымында, тендерде уткан компанияга Малабаев өзү макулдук берген. Кытайлык “Лонг Хай” компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн Азамат Жунушалиев аттуу жаран жетектейт. Өкүлчүлүк былтыр күзүндө тендерден уткан соң гана ачылган.
104 чакырым Балыкчы – Корумду жолун калыбына келтирүүгө алгач ирет бюджет эсебинен 6,8 млрд. сом бөлүнгөн. Депутаттык комиссиянын маалыматы боюнча долбоор 1,2 млрд. сомго кымбат бааланып, кытайлык компания мыйзам бузуулардын негизинде тендерден уткан.
Ак шумкар лого
Булак: “Азаттык”

Алмазбек Атамбаев «Ата-Бейит» эстелик комплексинде Апрель окуяларында шейит кеткендерди эскерди

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-апрелде «Ата-Бейит» эстелик комплексинде Апрель революциясынде шейит кеткен баатырларды эскерип, алардын мүрзөсүндөгү эстелик тактага гүлчамбар койду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев менен кошо Кыргыз Республикасынын Төрагасы Асылбек Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева жана Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева Апрель элдик революциясынын баатырларынын мүрзөсүнө гүлчамбарларды коюшту.

Андан кийин «Ата-Бейит» эстелик комплексинде куран окулду.

Иш чарага 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандары, Апрель окуяларынын катышуучулары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү, өлкөнүн башка мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана коомчулук өкүлдөрү катышты.

Сапар Наркеев, Апрел баатыры: “Атамбаев, экономиканы оңдоп, мамлекетти баткактан чыгарганда анда бүгүнкү жыйынга бармакпыз, кайсы бет менен майрам деп барасың”

“Бүгүн, 7-апрелде Аксыда апрель окуясында курман болгондорду эскерүү болуп өттү. Бирок мен барган жокмун”, – деп билдирди бүгүн, 7-апрелде Кyrgyztoday.kg  маалымат агенттигине Аксы районунан Апрель баатыры Сапар Наркеев.
“Өткөндө эстеп, артка сарасеп салып, курман болгондорго куран окутуп эскердик. Чындыгында 7-апрель каргашалуу кандуу окуяга кирип, өкүнүчтүү күндү эске салат. Бизде Аксы району боюнча 14 адамга “Апрель элдик революциясынын Баатыры” деген наам берилген. Бизди жергиликтүү бийлик официалдуу түрдө майрамдатууга чакырса дагы 11 (он бир) адам барган жокпуз, үчөө барып катышышты. Анткени алар СДПКнын мүчөлөрү. Биз 5 (беш) жылдан бери эле аталган иш-чарага барбайбыз. Себеби, бул майрамдай турган күн эмес. Эгерде бийлик башында турган Атамбаев, экономиканы оңдоп, мамлекетти баткактан чыгарганда анда бүгүнкү жыйынга бармакпыз, кайсы бет менен майрам деп барасың, мен эч убакта барбаймын. Ошол күндөгү бүгүнкү бийликтин негизги максатына эми түшүндүк, аттиң”, – деди Апрель Баатыры Сапар Наркеев.
Гүлжан Шерипбаева, Кyrgyztoday.kg

Дүйнөлүк банк: орусиялык үч миллион жаран өтө жакыр жашайт

Дүйнөлүк банктын иликтөөлөрүнө ылайык, мунайга болгон баалардын төмөндөшү жана эл аралык санкциялардын негизинде Орусияда пайда болгон экономикалык каатчылыктын айынан өлкөдөгү 3,1 миллион жашоочу жакырланды.

Өткөн жылы ички дүң өнүмдүн көлөмү 3,7 пайызга азайган. Бул жылы дагы 1,1 пайызга төмөндөй турганы күтүлүүдө. Мындай кырдаал улана берсе, он жылдык өсүш жокко чыгып, Орусия 2007-жылдагыдай эң төмөнкү көрсөткүчкө кептелип калышы этимал.

Оор экономикалык кырдаалдын айынан бийлик бюджетти кыскартууга аргасыз. Мартта маалымат агенттиктери коргонуу үчүн коротулчу чыгымдар беш пайызга азая турганын, бул 2000-жылы Владимир Путин бийликке келгенден берки убакыттагы эң ири кыскартуу болорун жазышкан.

Маалыматтарга караганда, мындай кыйынчылыктар орус президентинин эл арасындагы кадыр-баркына анчалык деле таасирин тийгизген жок. Бирок Кремль сентябрда өтүүчү парламенттик шайлоодо башаламандыктар болуп кетет деп кооптонууда. Ошол эле маалда Дүйнөлүк банк 2017-жылы Орусиянын экономикасы бир аз өсүп, 1,1 пайыз жогорулай турганын божомолдойт.

Өлкөдө эсеп-кысап сом менен жүргүзүлөт

Өкмөт башчы Темир Сариев 18-мартта кол койгон токтомго ылайык, бүгүндөн тарта соода, иш жана кызмат көрсөтүү акылары улуттук валютада көрсөтүлүшү керек. Документ парламент тарабынан колдоого алынды.

Күчүнө кирген өкмөт токтому кыймылдуу, кыймылсыз мүлктөрдү алып-сатууну, кызмат көрсөтүүлөрдү жана товар бааларын сом менен көрсөтүүгө милдеттендирет. Мындай аракет доллар менен соода жүгүртүүнү чектеп, улуттук валютанын кунун көтөрүүгө багытталган.

Мыйзамга баш ийбегендер админстративдик жоопкерчиликке тартылып, айып пул төлөшөт.

Жылдызкан Жолдошева, экс-депутат: "Текебаев, сен менин алдымда китеп жазып актанба”

Үстүбүздөгү жылдын 5-апрель күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда 6 жылга созулган, Ө.Текебаев менен болгон сот процесстери жүрүп жатат. Бирок Текебаев сот процесстерине кааласа келет, каалабаса келбейт. 5-апрель күнү өтө турган соттук процессти, жеке, өзү Текебаев соттон суранып, ушул күнгө кароону койдурган болчу, бирок кайрадан эле сотко келбей койду. Ошону менен бирге Текебаев апрель-июнь окуясына күнөөсү жоктугун, сотто өзү дагы, 6 жыл аралыктын ичинде далилдеп бере албай келе жатканы да чындык. Бул тууралуу маалыматты экс-депутат Жылдызкан Жолдошева билдирди.
“Ата-Мекен” партиясы, ошондой эле Асылбек, ӨмүрбекТекебаевтердин апрель-июнь окуяларына эч кандай күнөөсү жоктугун б.а, Текебаевдер, эч кандай күнөө кылган эмеспиз, биз сүттөн акпыз, ошону, Текебаевтерди сүттөн ак деп эле айтып койсоң, биз сени куугунтукка да албайбыз, сотко да бербейбиз»- деп мына 6 жылдан бери менин «досум», мени менен соттошуп келе жатат. Ал эми, мен болсо айтып жатам: “Текебаев, сен менин алдымда жана китеп жазып да актанба, бар элдин алдына барып актан, керек болсо менин башыма пистолет такасаң да, мен андай сөздөрдү айта албайм, себеби карапайым эл жабыр тарткан. Кыргызы болобу, өзбеги болобу, карапайым элдин балдары каза болушту. Текебаев 6 жылдын ичинде, сот процессине болгону 5 жолу келген, ал өзүнүн бийлигине, убактылуу Өкмөттүн мүчөсү болгонуна такап, сотторду коркутуп-үркүтүп, Октябрь райондук, Бишкек шаарынын соттору Жолдошованын пайдасына чечишсе да, Жогорку Сотко барганда кысым көрсөтүшүп туруп, кайрадан Октябрь райондук сотуна материалдарды жөнөткөн. Октябрь райондук сотуна кайра келгенине мына 3 жыл болду, эми гана жаңы судья А.Жээнбекова карай баштады. Апрель-июнь окуясы боюнча, ким күнөөлүү болсо, сөзсүз жазасын алыш керек»- деди  Ж.Жолдошова.
Эске сала кетсек, Ө.Текебаев экс-депутат Жылдызкан Жолдошованы Парламенттик комиссиянын апрель-июнь окуясы боюнча төрагасынын орун басары катары берген отчету боюнча сотко берген.
Булак: Кyrgyztoday.kg

“Байматка” кайрадан роль беришти: Унгар-Тоо маселесин Курманбек Бакиевге шылташууда

“Жаман туш көрсөң Байматка жору” деген элдик макал акыркы алты жылдан бери Кыргызстанда өтө актуалдуу болууда. Апыртып айтканда, учуп бараткан карганын буту сынып калса да, бийлик “Бакиевдин кылганы” деген аргументти бетине кармай калат.

Март айынын орто ченинде өзбек аскерлери кыргыз жеринин бастырып кирип, блокпост орнотуп алгандан кийин, мындан төрт айга чамалаш убакыт мурун кыргыз өкмөтү тарабынан кабыл алынган чечим калкып чыккан. Премьер-министр Темир Сариев Аксы районундагы Унгар-Тоону Өзбекстандын жери экенин белгилеген протоколго өткөн жылдын ноябрь айында кол койгону ачыкталып, документ коомчулукка белгилүү болгон. Кербен шаардык кеңешине Унгар-Тоодогу телемунараны башка жайга көчүрүп, коңшу мамлекеттин “жерин” “ээсине” кайтаруу керектигин айткан өкмөт башчысынын көрсөтмөсү жергиликтүү депутаттардан колдоо таппады. Кыргыз өкмөтү кылыгы коомчулукка шардана болгондон кийин бир топ убакытка чейин бул тууралуу бир жактуу пикир айта алышкан эмес. Анан эле коомчулукка тараган протоколду жасалмага чыгарып, анын автору катары оппозиционер Азимбек Бекназаровду көрсөтүшкөн. Аз убакыт өтпөй, маалыматтарын теңирден тескери өзгөртүп, Унгар-Тоонун Өзбекстандын аймагы катары каралышына, Сариевдин өкмөтүнүн тиешеси жоктугун, ал К. Бакиевдин бийлигинин учурунда эле коңшу мамлекетке “секирип” кеткенин божурап башташты.

Аксы районунун коомдук активисти Шекербек Камчыбек уулу учурдагы өкмөттүн бул маселедеги калпын чыгарган билдирүүсүн редакцияга жиберген.

“Темир Сариевдин өкмөтү Унгар-Тоо Бакиевдин учурунда Өзбекстанга өтүп кеткен деп айтып, элдин башын айлантып атат.

1. Унгар-Тоонун Өзбекстангаөтүпкеттиделген 2006-жылдын 23-сентябрында кабыл алынган эки тараптуу келишимдин Жогорку Кенеште ратификация болгон далили жок!

2. Төмөнкү картаны жана протколдун көчүрмөсүн карасаңар,

“Описание линии государственной границы между пограничными точками №113 и №114 не проводилась” деп жазылып, 2.1 км. аралык такталбаган участка катары калган!!!  Ал эми 3-РРС-24 станциясы дал ошол такталбаган аймакта жайгашкан. Эмнеге баарын азыр өлкөдө жок Курманбек Бакиевге шылтап жатышат? Элди алдоонун да чеги болот го!..”, – деп жазат коомдук активист Шекербек Камчыбек уулу.

Булак: “Майдан.кж”

Өлкөдө апрель ынкылабына арналган иш-чаралар өттү

2010-жылдын 7-апрелинде окко учкан маркумдардын туугандары, жабыркагандар жана президент Алмазбек Атамбаев баштаган бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде куран окутулуп, мүрзөлөрүнө гүл коюлду.

Алты жыл мурда 7-апрелде ок жаңылып каза тапкан 90го чукул адамдын 30га жакынынын сөөгү “Ата-Бейитке” коюлган.

Президент Алмазбек Атамбаев апрель окуясынын 6 жылдыгына байланыштуу элге кайрылуу жасады. Анда бүгүндөн тартып расмий майрамдардын катарына дагы бир майрам – 7-апрель – Элдик апрель революция күнү кошулганы белгиленип, бул чечимдин себептерине токтолгон. Аксы окуясы, март ыңкылабы жана 2010-жылдын 7-апрелинде кыргыз элинин эркиндик, демократия жана адилеттик үчүн күрөшү жүргөнүн, булар бири-бири менен байланышта экенин эске салган.

Ошондой эле соңку жеңиш күнүн майрамдоо дүйнөлүк тажрыйба экени, бул сыяктуу даталуу күндөр кыйла мезгил өткөнгө чейин кайгы, көз жаш аралаш эскерилип, бара-бара шаӊдуу майрамга айланарына ишеним айтылган.

Атамбаев 7-апрелди майрам катары белгилөөгө каршы чыккан саясатчыларды эл бузарлар катары сыпаттады. Кечээ 7-апрелди эс алуу – майрам күндөрдүн катарына кошуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 3 окууда тең көпчүлүк добуш менен кабыл алынып, президент кол койгон.

Порошенко: Украина ЕБга кирүүдөн баш тартпайт

“Нидерландыдагы референдумдун жыйынтыктары Украина үчүн жагымдуу болбогон күндө да биз ЕБга кирүү аракетибизди токтотпойбуз”, – деп билдирди Украинанын президенти Петр Порошенко.

Буга чейин референдумдун катышуучуларынын көпчүлүгү “Украина менен ЕБ ортосундагы ассоциация жөнүндө келишимге” каршы экендиги экзит-пол сурамжылоосунан билинген.

” Стратегиялык жактан алганда бул Украинанын Европага багыт алышына бөгөт боло албайт деп ишенем”, – деп баса белгиледи Порошенко.

Нидерландыдагы референдум кеңеш берүүчүлүк гана мүнөзгө ээ. Эми акыркы сөз Голландиянын жетекчилигинде.

Добуштарды алдын ала эсептөөнүн жыйынтыктарына караганда, 61% “каршы”, 38% – “ооба” деп добуш берген.

Референдумга 32% шайлоочу катышты.

...Жөнөкөй эле кыргыз жигити кол чатыры менен жолдун кесилишинде унааларды тескеп башкарып турган...

ИИМ министри Мелис Турганбаев толгон күндөн так тамаша күн болгон 1-апрелде жол кайгуул кызматы менен мамлекеттик автоинспекциясын бириктирип, кайгуул милициясы деген жаны кызматтын ачылышын жасаган. “Мындай заманбап кызмат көп өлкөлөрдө жок, биз башкалардан алдыга кеттик” деген сыймыктануу менен. Кызматтын артыкчылыгы, булар эми эреже бузган унаа ээлеринен тартып, мыйзам бузган кылмышкер, тартип бузган бейбаштарга чейин көзөмөлгө алууга укуктуу күч болгон. Бирок, “аттанганда эле ээрден көчүгү кыйшайды” дегендей, ИИМдин кайгуул кызматынын жүзү ошол 1 -апрелдин кечинде эле көрүнүп калды. Тагыраагы, борбордогу Иса Ахунбаев көчөсү менен Тынчтык проспектисиндеги светофор иштебей калып, унаа тыгындарын пайда кылбаш үчүн жөнөкөй эле кыргыз жигити кол чатыры менен жолдун кесилишинде унааларды тескеп башкарып турган. Бирок, ушул белгисиз жигит башкарып жаткан учурда, бул кызматка түздөн-түз жооптуу кайгуул кызматындагылар улам унаалары менен ары-бери өтүп, бирее дагы жигитти бошотуп, милдетин аткарууга жараган эмес. Бул окуя интернетте пайда болгону, коомчулук Мелис Токтомамбетовичтин мактаган кайгуул кызматын “ашатып” жатып калды. Бул бир, экинчиси, ошол жаңы кайгуул милициясынын кызматкерлери көрүнүшү комсоо, тигилиши копол жаны формачан жүрүшөт. Тагыраагы, биздин редакцияга атын атагысы келбеген кызматкер аталган форма Орусиядан тигилип келди деп айтылганын, би­рок, сапаты жакшы эместигин айтып арман кылган. Муну угуп биз дагы ИИМдеги реформаторлорго түшүнө албай калдык. Себеби жакында Казакстандын президенти баш болуп, “Нур отан” партиясы Кыргызстандын тигүүчүлөрү тиккен кийимдерди кийип жүрсө, биздин ИИМ Орусияга форма заказ кылганы эмнеси? А Өкмөт башчы болсо атамекендик тигүүчүлөрдү колдош керек деп жыйын сайын кеп кылат…

 

Булак: “Фабула”

Бактыгүл Жумабаева, Апрель Баатыры: "Бүгүн 7-апрель революциясынын жемиштерин уурдагандардын майрамы болду"

“Биз 2009-2010-жылдары Бакиевдик режимге каршы күрөшкөнүбүздө Бакиевди кетирсек эле Кыргызстанга жыргал заман келет деп ишенгенбиз. Атамбаевди, Отунбаеваны, Сариевди өзүбүздүн балдар, Бакиевге караганда билимдүү, алдыңкы көз караштагы кишилер деп ойлогонбуз. Көрсө булар деле көкүрөгү караңгы, өздөрүнүн чөнтөгүн, жыргал жашоосун гана ойлогон көр пенделердин бири экен”, – деп билдирди бүгүн, 7-апрелде Нарындан Апрель Баатыры Бактыгүл Жумабаева.
“Мамлекетти башкаруу жагынан Атамбаев, Отунбаева, Сариевдер Бакиевге караганда өздөрүнүн билимсиздигин, чабалдыгын көрсөтүштү. Бакиевдин учурунда светтин баасы 1 сом 50 тыйын болсо Атамбаев менен Сариевдин тушунда светтин баасы 2 сом 16 тыйынга көтөрүлдү. Атамбаевдин деле Сейит менен Сейтек деген балдары электр сатуу боюнча ортомчулук кылып, “Автомаш-энерго” деген эң ири компания иштетип, бизнес жасап акчага туйтунуп жатышканын гезиттердин баары жазып жатышат. Ушул үчөөсүнүн тушунда саясый стабилдүүлүк такыр орнобой койду. Эң башында эле 2010-жылы Оштогу июнь, Бишкектеги Маевка окуяларынан ондогон жазыксыз кишилер өлтүрүлдү. Эми болсо журналисттер сабалып, оппозиция куугунтукталып жатат. Экономикабыз сазга батып, бюджеттин тартыштыгы өсүп, коррупция күчөп, элдин жашоо деңгээли төмөндөгөндөн төмөндөөдө. Кыргызстан болсо жакында дүйнөдөгү эң кедей 50 мамлекеттин катарына кириптир. Отунбаева, Атамбаев, Сариевдин учурларында Кыргызстан 6 жылда ушуга жетишти. Роза Отунбаева бир кызматтын айынан Бакиевге таарынып, төңкөрүш уюштуруп, Нарында менин үйүмдө жатып жүргөн. Эми ага экс-президент деген статус берип, резиденциядан үстүнө бекер үй, астына бекер машина берип, 80 миң сом пенсия чектеп койсо эле элдин турмушу менен иши жок жыргап-куунап жашап калды. Кана баягы, 2010-жылга чейин адилеттүүлүккө чакырган, элге күйүмүш болгон Отунбаева? Ал өз жашоосун оңдосо эле күрөштөн чыгып кетерин билсек биз эмне темтеңдеп ага кошулуп Бакиевге каршы иштеп жүрдүк? Карапайым элдин турмушун ачык айтсам Атамбаев резиденциядан кууп чыгып, үйүмдү, машинамды, сакчыларымды, 80 миң сом пенсиямды тартып алат деп чочулайбы Отунбаева эми оозуна суу уурттап алгансып ооз ачпайт, калыс сөзүн айтпайт. Демек Отунбаеванын болгон максаты ушулар экен да. Биз карапайым элдин турмушун оңдоо үчүн эмес Отунбаева, Атамбаев, Сариевдердин турмушун оңдойлу деп күрөштүк беле? Сариев 2010-жылы бийликке келгенде эле Бекназаров экөөсү банк ячейкаларынан уурдалган акчаларды бөлүштүрүп жатышканы жазылып алынбады беле. Эмнеге ал боюнча жооп берген жок? Эми Балыкчы-Корумду жолундагы 7 миллиард сомдук коррупция боюнча депутаттар, министрлер аны айыптап жатышат. Анан ушул киши Кыргызстанды жыргатмак беле? Айта берсе арман көп, кыскасы 2010-жылдагы апрель революциясы өз максатына жеткен жок. Революциянын жеңиштерин Атамбаев, Отунбаева, Сариевдер элден уурдап кетишти. Мына ушулар үчүн 7-апрель майрам күнү болду. Карапайым калк үчүн бул күн аза күтүү күнү. Мен бул күндү майрамдабайм жана чакырган иш-чараларган барган жокмун. Мен бүгүнкү бийликте олтурган Атамбаев, Сариевдер үчүн уялам. Булар 2010-жылы берген убадаларын аткарышпады. Чакан Кыргызстан мамлекетин 6 жылда оңдой алышкан жок. “Жыгылган күрөшкө тойбойт” дегендей уялбай кайра эле бийликке жабышып жатышат”, – деди Апрель Баатыры Бактыгүл Жумабаева.
Булак:Кyrgyztoday.kg

Ысырапкорчулуктун тыйылышын каалабайт

Мамлекеттик кызматта иштеген чиновниктердин 300-500 киши чакырып аш-той өткөрүүгө тыюу салуу боюнча демилгеленип жаткан мыйзам долбоору айрым эл өкүлдөрүн кыжалат кылууда.

Айрыкча рестораны бар депутаттар катуу бушайман. Сыягы, күтүрөп той берген чиновниктердин ысырапкорчулугу тыйылып калса пайда таппай калам деген сары санаа күйгултуккө тушуруп жатат өңдөнөт. Муну «Алтын казына» ресторанынын ээси Махабат Мавлянованын: “Аш-той, каада-салтка мамлекет кирише берсе, эртең чет мамлекетке бир жылда бир же эки ирет чыгышсын деген чектөөлөр коюлушу мүмкүн. Кандай болгондо да жарандардын жеке жашоосуна чектөө коюлбаш керек” – деген сөзүнөн байкоого болот. Элди эмес, өздөрүнүн капчыгын ойлогон эл өкулдөрүнүн кейпи ушул.

 

Булак: “Фабула”

Төлөгөн Наралиев, Апрель Баатыры: “Атамбаев бийликти “варвардык” жол менен басып алган”

-Төлөгөн мырза, кечээ, 6-апрелде сиздердин эң жакын сыймыктанган адамыңыздар Алмаз Атамбаев, “7-апрель – Элдик апрель революциясы күнү жөнүндө” мыйзамга кол коюп, 7-апрель жумуш эмес, майрам күнү деп белгиледи. Таласта майрамдык маанай кандай, тост көтөрүп, токчулук болуп, жыргал заманга жеткениңиздер үчүн ура-ура-а болуп жатасыздарбы?
-Кайдагы майрам, карындашым, азыр үйүмдө жер казуудамын. “Жаз жарыш, күз күрөш” дейт эмеспи, майрамдаган жокмун, майрамдаган уят го. Кантип майрамдайсың, бир нерсени жыргаттыкпы? Атамбаев болсо күндөн-күнгө артка кетип жатат.
Сизди эч ким револиционер катары майрамдаганга чакырган жокпу?
– Мени официалдуу түрдө Талас облустук администрациясы жана Кара-Буура районуна чакырды, эмнеге барам ал жакка. Атамбаевдин айткан убадаларынын бири дагы орундалбаса, кайсы бетим менен майрам деп кол чаап, жылмаңдап отурамын.
-Дегеле, Атамбаевдин бийликке алып келгендердин бирисиз, мамлекет башчысынын жүргүзүп жаткан саясаты жагабы же жакпайбы?
-Алмаз Шаршеновичтин жүргүзүп жаткан саясатынын бири да жакпайт, кыжырым эле келет. Мен сага бир “секретти” айтайынбы, 2009-жылы президенттик шайлоо болуп бул киши бойкот жарыялап тизмеден чыккан. Ошондо Атамбаев, “мени колдоп, “командаңарды” бузбай, шерине уюштуруп, жолугуп тургула” деп, Таласка ай сайын 10 000 (он миң) сомдон акча жөнөтүп турчу. Ошондо биз Бакиевдердерге каршы 1941-45-жылдардагы партизандардай эле Атамбаевге кызмат кылып бергенбиз. Бул чындык. Тилекке каршы, ошол кездеги Атамбаевдин “мамлекетти оңдойбуз, элге кызмат кылабыз” деп айткан сөздөрүнүн бири дагы ишке ашпай калды. 2010-жылдагы революцияга чейин башканы айтчу, андан кийин такыр башканы сүйлөп туруп алды. Дагы бир нерсени айтып кетейин, Алмаз Шаршеновичтин эң жакын адамы Талас облусу боюнча СДПК партиясынын тескөөчүсү Асылбек Найзабеков деген болгон. Ошол баланын Атамбаевдин бийликке келишине эмгеги аябай сиңген. Бакиевдин системасына каршы каттуу иштеген. Ушул таптарда бул баланын жүрөгү ооруп жатып калды. Атамбаевдин бул киши менен азыр иши дагы жок, ушул адам кандай адам болсун, жок дегенде келип ал-ахыбалын сурап койбойт беле? Бир гана “оорунун кадырын оорукчан жан билет” дегендей Болот Шерниязов барыптыр.
-Ал адамдын жүрөгүн Атамбаев оорутуптурбу, кандайча?
-Карасаңыз, Атамбаев үчүн ал бала көп запкыны жеди. 1989-жылдан бери Атамбаевдин жанында жүргөн адам. Атамбаев 20 жыл оппозицияда жүрсө, ал киши дагы ушул кишинин жанында жүргөн. Бирок пенде катары Асылбектин абалын сурап койгонго жараган жок.
-Дагы бир жүрөктү өйүгөн бир суроо. 2010-жылдагы каргашалуу кандуу окуя Талас облусунан башталды. Генерал Молдомуса Конгантиевдин “сабалышы” боюнча чет өлкөлүк басылмалар катуу сынга алды. Ошол эле убакта 1941-45-жылдардагы согушту эске салсак, немистер дагы колго түшүп калган жогорку чиндеги адамдарга бизчелик, “одоно” мамиле кылган эмес. Дегеле Молдомуса Конгантиевдин ур-тепкиге алынышына Талас элинин жараны, Кыргыз элинин патриоту катары кандай баа бересиз?
-Ошол күндү ойлосом, кадимкидей жүрөгүм ачышат. Молдомуса Конгантиев, чын эле өз кесибинин мыкты адиси экенин баары эле билип калбадыбы? Бул кишиге менин колум дагы тийген эмесмин. Болуп өткөн окуяга ичим ачышат, ачышканда дагы катуу ачышат. Көпчүлүктү тыя албайт экенсиң…
-Мына эми кимдин ким-экенин түшүндүңүздөр. Апрель баатыры катары айтсаңыз,  электр энергиясынын тарифи деп шылтоолоп кан менен бийликке жетти жеткендер. Кээде ушул бийликти бийликке алып келгениңиз үчүн, “башыңызды мыкчыган” күндөр болдубу?
-Ооба, башымды мыкчыйм да, уяламын. Жасаган жумуштарың үчүн уялат экенсиң. Мен, Атамбаев жасаган жолду башкача даңгыр жол менен элестеткенмин. Эми карасаңыз, бүгүнкү күндү “кызыл дата” менен белгилеп койду. Бул уят. Дагы бир нерсени мисал келтирейин. Анда мен СДПК партиясынын тескөөчүсү болчум. Атамбаев бизге келип Кара-Бууралык боломун десе, мен ишенип ошентип пропаганда  кылганмын. Азыр мага жердештерим, “Ай Төлөгөн биздин тууганыбыз кандай жүрөт?” деп тийишип, сурап калат.   Эми чын эле уяламын, башты жерге саламын…Бул дагы кетет.
-Төлөгөн мырза, бүгүн майрам. Бул бийлик келээри менен бир жылдын ичинде кандуу каргашалу окуя эки жолу катталды.Тактай кетсек, апрель жана июнь окуялары. Демек, бул бийликтин өкүлдөрүнүн моралдык жактан мамлекет башкарганга акысы бар беле?
-Мен сиздин сурооңузга тарыхты эске алып мисал келтирейин. Тарыхта “варварлар” деген сөз бар. Ошондо азыркы биздин бийлик, “варвардык” жол менен бийликти басып алды. Ошондуктан булардын мамлекетти башкарганга такыр укугу жок.
-Сиз өзүңүздү баатырмын деп эсептейсизби?
-Мен өзүмдү баатыр деп эсептейбемин, кыргыздын патриотумун деп эсептеймин.
-Апрель баатыры төш белгисин алгансызбы?
-Өзүңүз ойлосоңуз, мен ошол мезгилде СДПКнын тескөөчүсү, Атамбаевдин ишенген кишиси болуп атсам төш белги берген. Баатырлыкты Россияда жүргөндөр, үйүндө жаткандар деле алган.
-Төш белгини сыймыктанып тагасызбы же такпайсызбы?
-Мурун такчумун, азыр такпаймын.
-Мына кечээ жакында эле Атамбаевдин эң жакын кишилери Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов камакка алынды…
-Атамбаев, Кубанычбек Кадыровду камаганы такыр туура эмес. Алмаз Шаршеновичдин чын эле бул кылганы туура эмес, кандай болгон күндө дагы Кубанычбек Кадыровду камабашы керек эле. Бул “суу ичкен кудукка түкүргөндүк”. Хан деген кечиримдүү болушу керек, бир адамды жөндөп, ымалага келбеген адамдан жакшылык күтпөш керек.
-Акыркы суроо, Атамбаев оппозицияда жүргөндө “команданы” сактап калыш үчүн 10 000(он миң) сомдон берип турчу экен. Азыр кандай болгон күндө дагы Алмаз Шершенович КР Президенти, сыр болбосо азыр сиздерге канча сомдон акча берип турат?
-Карындашым, кайдагы акча, акча жо-ок. Жок дегенде, Атамбаевге жазган кайрылуумду кабыл алып койсо болот эле го, кайрылуумду кабыл албай жатпайбы?
Алмаз Шаршеновичдин убактысы болбой жаткан го. Маегиңизге рахмат…
Гүлжан Шерипбаева, Кyrgyztoday.kg

Оппозиция менен бийлик кармаша берсин, маданият алдыга жыла берсин

Кыргызстандын саясый айдыңында бийлик менен оппозиция ит жыгылыш абалында турганда, маданиятыбызда көңүл көтөргөн окуя болду. Анткени өткөн жумада Россиянын кадыр-барктуу “Ника” киносыйлыгына кыргыз режиссеру Мирлан Абдыкалыковдун толук метраждуу алгачкы автордук тасмасы да татыктуу болду.

Буга чейин да аталган тасма эл аралык ондон ашык фестивалга катышып, жеңиштерге жеткен. “Ника” ошол сыйлыктардын ичинен эң бийиги болуп турат. “Сүтак” бул сынакта “КМШ жана Балтика мамлекеттеринин мыкты фильми” категориясы боюнча Грузиянын, Эстониянын, Украинанын жана Литванын режиссерлорунун эмгектеринин арасынан алдыга суурулуп чыкты. Демек, экономикалык кыйынчылыктан улам кризиске кабылган маданиятыбыз кайрадан жанданып, эл аралык деңгээлге көтөрүлүүдө. “Ника” Орусиянын улуттук киносыйлыгы катары Юлий Гусман тарабынан 1988-жылы негизделип, учурда алты жүздөн ашык академиктин башын бириктирген киноакадемияга айланган. 90-жылдан бери жеңүүчү жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталып келатат. Жеңүүчүлөр канаттуу периштенин элеси чагылдырылган статуэткага ээ болушат. Бул сыйлыкты Орусиянын “Оскар” сыйлыгы деп да атап коюшат.

Булак: “Майдан.kg”

“Эшегине жараша тушагы”

Кыргыз элинин ичинде бийлик башындагыларга, өзгөчө Жогорку Кеңештин депутаттарына нааразычылык арбын айтылып, “кечээ берген убадасынан тайып кетишти”, “элди ойлобой калышты”,- деген тейдеги бутүмдөр ар убак айтылып келет. 

А бирок, маселенин экинчи жагы да бар: анда эмнеге кечээ шайлоодо эл өзү буларды колдоп, бийликке эгедер кылып коюшту? Азыр парламентте олтурган айрым партия лидерлери тар чөйрөдө ачык эле, “ээ элиң айта берет да, мен каалаганымды кылам, анткени, алардын добушун сатып алгам, кийинкиге келгенде да кайда бармак эле, шайлайт, акча турат го”,- деп бекеринен төшүн каккылабайт да. 27-мартта жүз берген айрым жергиликтүү кеңеш шайлоолору да дал ушул көрүнүшкө жык толду. Парламенттик шайлоодо оозу күйгөн шайлоочу журтту акылына келди десек, жок, кайра эле келечегин акчага сатып, кайдыгерлигин, принциби жоктугун көрсөтүштү. Каңырыгың түтөйт.

Сатыла берип, эмнең калды?

Былтыркы парламенттик жарыштан кийин “Азаттык” партиясынан ат салышкан Жогорку Кеңештин экс-вице-спикери Бөдөш Мамырова каңырыгы түтөт, мындай баа берди эле: “Эл негизинен сатылды. Баары айтып атат, мурда эл добушун бийлик кыстап, кол алдында иштегендерди жетекчилери алып барып,кайсы бир партияга добуш бердиртсе, бул сапар добуш ачык эле сатыкка түштү. Бирок, көзүбүз менен көрүп турганды да далилдеш кыйын болуп турат. Биринчиден, элдин ушундай деңгээлге жетип, добушун баалап, акчага сатышы ойго келбеген нерсе болчу. Мисалы мен үчүн элди ушундай дегредацияга жеткиргендик күтүлбөстүк болду. Карап көргүлө, парламентке акчалуулар, анан бийликтин партиясы келди. Бул шайлоонун базарга айланганынын ачык далили. Мейли эми, бул да болсо элдин тандоосу. Эл эгер акчалуулар парламентке барышы керек деп чечсе, акчалууларды тандаса, эл бийлигине эмне демек элек. Жарыштан алдыга озуп чыккандарга ийгилик каалайм. Бирок, элди ыраазы кылып келдик, “алар добушун сатты, биз сатып алдык” дебей, парламенттик трибунасында болобу, залда, микрофон алдындабы, орчундуу маселелерде эл өкүлдөрү экенин унутпай, элдин кызыкчылыгына иштешсе дейт элем”.

27-мартта Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына “Аалам – партиясыздардын партиясы” аркылуу ат салышып, жарышка чыккандардын ичинен эл менен эң көп жолугушкан ЖКнын экс-депутаты Жылдыз Жолдошова мындай дейт: “Бул шайлоо шайлоо эмес эле, ыплас базар болду. Тунгуч президент Аскар Акаевдин  “талапкерлердин акчасын алып, тамагын жей бергиле” деп таштап кеткен урааны элге абдан жакшы сиңиптир. Ушул ууран, жаман илдет өлкөнү талкалабаса болду. Кыргызстанда Аскар Акаевден кийин үч президент алмашты. Бирок, Акаевдин ошол ураанын андан кийин келген үч президент да жокко чыгара албай, тескерисинче, ыплас саясаттагы ордун күчөттү. Ал тургай айрым саясий партиялар ал ураанды “өнүктүрүүгө” чоң салым кошушту. Мындай кадам, ыплас көрүнүш мамлекеттүүлүктүн келечегине кедергисин тийгизет. Бул демек, акча менен карапайым элди алдап, каалагандай калчаса боло берет дегенди туюндурат да. Элиме кайрылат элем, ойлон, ойгон, патриот болсоң добушуңду сатпа, мамлекеттүүлүк жөнүндө ойлон..”.

Жогоруда кыргыз саясатындагы чыныгы патриоттук деми, күч-кубаты менен суурулуп чыккан аялзатынын мыкты өкүлдөрүнүн жүрөктөн чыккан баасына кошулбаска арга жок. Оштогу шайлоо өзгөчө кепке арзыйт. Анткени, дал ушул шаардын элинен бут республика өзгөчө акыйкаттуу шайлоону күткөн. Бирок, оштук туугандардын акчага келечегин кантип сатып ийгенин карап турган башка аймак өкүлдөрү шарт бурулушту да, жерге “чийт” түкүрүшүп, “рас болот, өздөрүнүн балдарын эмнеге эле бийлик бирден кармап сындырып атат десе, эл ошондой турбайбы, эми мунусун көргөн кайсы эр азамат ушуларга күйүп-бышып, кыйынчылыгында турат”,- дешти. Мындай сөздү азыр көп жерден укса болот. “Бийлик таза шайлоону камсыздай алган жок, административдик ресурс колдонулду”,- дегендери жөн эле шылтоо экен. Маселе элдин өзүнүн келечегине келгенде көңүлкош болуп койгонунда, колундагы баласы, небересинин келечегин жарты тыйынга сатып олтурганында болуп жатпайбы.

Ошту да КСДП жана анын “клон” партиялары ээледи

Шайлоонун жыйынтыгында КСДП (президенттик партия) –  30.61%, “Кыргызстан” партиясы (Канатбек Исаев, Шаршенбек Абдыкеримов) – 15.73%, “Мекеним Кыргызстан” – 11.89%, “Республика – Ата-Журт” – 9.74% (Ө.Бабанов) , “Бир Бол” (А.Сулайманов) – 8.52%, “Өнүгүү”-Прогресс” (Б.Төрөбаев) – 8.08% добуш алышып, мандатка илинди.

Ошол эле учурда Оштун экс-мэри М.Мырзакматов, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери А.Мадумаров, ЖКнын экс-спикери А.Келдибеков сүрөгөн К.Ташиевдин “Ата-Журт” партиясынын көч артында калганы эксперттердин да оозун ачырды. Анткени, жогоруда аты аталган адамдар Ош элине эбегейсиз кызмат кылган. Башкасын айтпаганда да, 2010-жылкы түштүктөгү кандуу окуялар учурунда мына ушул адамдар убактылуу бийликтин алсыздыгына, коркоктугуна чыдап карап турбастан, Ошко барып, өмүрлөрүн тобокелчиликке салып, кыргынды токтотподу беле! Бул жагынана алып караганда, Ош элине ошол эле Жылдыз Жолдошова жакын болчу, мейлик беркилерди колдобосо да, баатыр эжебиздин кан күйгөн жерге барып, чындыкты жайылтып, документалдуу кино тартканын кантип унутушат кокуй!

Мелис Мырзакматов Ошту борбордук бийлик өзү каалагандай калчагысы келген убакта катуу туруп, кармашып, кызматын сактап, кандуу калабадан кийин кыйраган шаарды аз убакта калыбына келтирип, айтор, канын да, жанын да берүүгө даяр жигит экенин кимдер билбейт! Мына ошол элинин кызыкчылыгын ойлоп, шаардагы автотыгынды азайтуу максатында кыргыз тарыхындагы биринчи эстакадалык көпүрө долбоорун баштап, бул максаты аздап ишке аша баштаганда кылмыш ишин козгошту, арк андай кутум уюштуруп, кызматтан алышты. Анан камаганы калганда качууга аргасыз болду. Ошол көпүрө долбоору элге керек болбосо эмнеге бийлик улантып, “мына, Мырзакматов жасай албаганды биз жасадык, андан аз акча кетти!”- деп мактанат! Ушунун өзүнөн эле, “эгер Мырзакматов ушу көпүрөнү куруп алса эл ичиндеги даражасы огобетер өсөт, андан кийин ага күчүбүз жетпей калат, андан көрө боло элегинде жайлайлы”,- деген дамамат бузуку план ишке ашканы көрүнүп турбайбы. Бийликке Мырзакматовдун бетке айткан ачыктыгы, жүрөгү “элим” деп согуп турганы, а элге кыянат кылгандарга каршы ачуу пикир айта билгени жакчу эмес. Акыры анын да ыгын таап, качырып тынды. Мында эл эмнеге ооз ачып койгон жок. Эч болбосо бийликтин өз уулуна жасаган таш боордугуна жооп кылып, бу шайлоодо чындык үчүн турат эле го. Коркок эл экенбиз, кайрале бийлик партиясын биринчиге чыгардык, ага арданыштын эмне кереги бар?!

“Кыргызстандын тагдыры элдин пейлине жараша болот. Эгерде байлыктын артынан кете турган болсо, анда эч ким байлыктын түбүнө жеткен эмес. Жок, биз руханий, улуттук кызыкчылык керек десе, анда башка чечим болот”,- деп “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаровпарламенттик жарыштан кийин айткан. Анын бул сөзүндө укмуштуудай деле философия, акылдуулук жок. Жөнөкөй, бирок уккан адамдын жандүйнөсүн аңтарып жибере турган кеп. Оштун эли ушуну да түшүнгөн жок. Мадумаров Ошко “шайлоо экен” деп басып барбаса да, ушу түштүк борборунун элинен реалдуу, калыс, адилет аракетти күткөнүн жашырбады. Жыйынтыгы эмне болгонун көрдүк го. Эми Адахан Кимсанбаевичтин сөзүнө келе турган болсок, Оштун элин эмне күтөт? Эл байлыктын артынан кетти сатылып. Демек, кийин да сатыла береби? Анткени байлыктын түбүнө жетип болобу?

Ошто кандуу каргаша башталганда Ахматбек Келдибеков “Ата-Журт” партиясынын түштүктөгү штабында олтурган. Башкача айтканда, куралчан бузукулардын курчоосунда калган. Ошого карабастан тынчтыкты орнотууга бүт күч-аракетин жумшаган. Ушу улут аралык араздашуу жаралаарга 3-4 күн калганда К.Ташиев экөөнүн демилгеси менен “Ата-Журт” бийликке кайрылып, К.Батыров баштаган сеператисттер жергиликтүү өзбек тилдүү телеканалдар аркылуу элди козутуп жатканын, аларга токтоосуз чара көрүлбөсө, Ош окуясы кайталанып кетишин талап кылган эле. Бийлик буга көңүл бурбагандыктан, чон чатак чыгып, жүздөгөн адамдар бөөдө өлүм тапты. А.Келдибеков Оштогу шайлоонун алдында да, “Ата Журттун өз алдынча баратканы жакшы жөрөлгө” деп абдан сүйүнгөн эле. Бирок… А.Келдибеков Ошко гана эмес, бүт республикага эмгеги сиңген мыкты патриот инсан. Анын “Кумтөр”, “Кыргызгаз”, коррупцияга каршы күрөш жаатындагы элдик позициясы карьерасында чоң кыйынчылык жаратты. Бийлик болбон шылтоо таап, камап салды. Анан соттоду. Бир да далилин так коё алышпаса да, айып пул сыяктуу нерселерди салган болушту. Мунун бир гана максаты бар – эптеп Келдибековду “соттолгон” кылып, саясаттагы жолуна бут тосуу. Мына эми, Оштун элинин абийири, ар-намысы болсо, алар үчүн канча азап тартса да “элим мененмин! Элимден колуңду тарт бийлик!- деген Ахмат уулу үчүн добуш берет эле да!

Же Камчыбек Ташиевдин Ош элине жасаган опол тоодой эмгегин кантин унутушту? Азыркыга чейин Камчыны көргөндө көздөн жаш алып, “биздин баатыр бара келатат”,- деп көз жашын тыя албаган энелерди көрүп жүрөбүз го. Бул саясатчынын башкалардан эн чоң айырмачылыгы – элдин башына апаат түшсө, каргаша келсе, карап тура албайт, дароо эле аралашып кетет. Өз өмүрүн деги эле ойлобойт, элдин эртеңи үчүн андан баш тартып койчу жигит. Ошол сыяктуу Ошто кан аккан кезде да карап турбастан, тынчтыкты орнотууга абдан зор иш жасады, б.а. бир да азыр Ош эли шайлоодо колдогон партия лидерлери басып келе албаса, Камчыке баатырларча элди ынтымакка үндөп жүргөн. Андагыны өзү минтип эскерет: Ош окуясы башталган күндөрдөн тартып анын канат жайып, от бүркүп бүт түштүк аймагыбызды кантип каптап кеткенин мен өз көзүм менен көрүп, аралашып, кайгы-капасын жүрөгүмдөн өткөрдүм. Окуя 10-июнь күнү түндө башталып, Оштун борбордук көчөлөрүнө чогулган өзбек улутундагы куралданган жаштар улутчул сепаратисттердин тукуруусу менен кыргыздарга кыргын салып, адамдын үрөйүн учурган мыкаачылыктарга, айбан жасабаган жырткычтык иштерге барышкан. 11-июнь күнү ошол кезде-биздин партиянын иши менен Ошто жүргөн азыркы Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков менен байланышсак, ал дал ошол кагылышкан каргашанын чордонунда экен. Ал телефондон куралданган улутчул өзбек сепаратисттери кыргыздарды аёсуз аткылап, кыздарды кордоп, шаардан сүрүп чыгарып жатканын, тез арада жетип келип, элге баш-көз болгула, бул апааттын алдын алып токтотуу керек деди. Биз Садыр Жапаров экөөбүз Бишкектен жөнөп, түнү менен жол жүрүп таңга жуук Ошко Фуркат айылына кирдик. Он миңдеген кыргыздар шаарга кире албай турушуптур. Биз чогулган эл менен туш-тараптан атылган окторго карабай шаардын борборун көздөй сүрүлүп жөнөдүк. Шаарда расмий бийликтин аты-жыты билинбейт. Баары качып-тозуп же солдаттарга өздөрүн курчатып алып коркуп чыга алышпай жашынып жатышыптыр. Көчөдө куралчан сепаратисттер өз билгендерин жасап жүрүшөт. Биз аларга колубузга көтөргөн таяк, кетмен-күрөктөрүбүз менен каршы туруп, мизин кайтардык. Ошол күнү түштөн кийин өзбек сепаратисттери жеңилгендерин моюндарына алышып, карапайым эл менен кошо Өзбекстандын чек арасын көздөй качып жөнөштү. Жүздөгөн бейкүнөө адамдар мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Шаар өрттөнүп-күйүп жатты. Адамдардын жүрөгүндө жууп кеткис кара так калды”.

Кийин, Жалал-Абадда кыргыз-өзбек кыргынын токтотот. Андан барып “Санпа” жергесиндеги өткөн-кеткен унааларды атып, канчасын өлтүргөн айбандарга барып, багынып берүүгө жол ачат.

К.Ташиев эл үчүн камакка алынып чыкты. Сынган жок. Азыр да бийликке сын айткандан тажабай, оппозиционер атын өчүрбөй келе жатат. Уулун сыйласа, келечегин ойлосо, Ош эли биринчи учурда “Ата-Журт” партиясын колдомок. “Кечээкисин унуткан элдин эртеңкиси болбойт”,- деп ата-бабаларыбыз айтып келет. Бирок…

Оштуктар анда кимди шайлады?

Ошентип, айрым шайлоочулардын айтымында, Оштогу шайлоодо 1 добуш 1,500-2000 сомго сатылды. БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимов “эгерде добуштарды сатып алуу жана башка мыйзам бузуу фактылары тастыкталса, ал партия мандат алуудан четтетилет”- деген эле. Мына ушундай арам аракеттер тастыкталып, атүгүл ага катышкан адамдар кармалганына карабастан, БШК негедир тымпыйып, унчукпайт. Айтор, бу добуш сатып алуу көндүм көрүнүшкө айланды, ага азыркы заманда эч ким деле терикпейт. Талапкерлердин айтымында, алар үгүт иштери менен барышса, элдин биринчи суроосу:  “алдыңарда баланча келип кетти, силер канча бересиңер, көбүрөөк болсо силерди шайлайлы”,- болот. “Ушундан улам, шайлоо алдында атайын программа жазып, аны элге барып түшүндүрүп олтуруунун кереги жок болуп калыптыр. Андан көрө шайлоо күнүнө эки күн калганда акчаңды таркатып чыксаң жеңиш сеники экен. Элден көңүлүм ушунчалык калды. Кыргыз качан ушинтип ачык сатылчу эле”,- деди атын атагысы келбеген талапкер.Ошондо Ош эли кимге алданды? Тагыраагы кимдердин акчасына өз келечегин сатты?

Биринчи орунду ээлеген КСДП – президенттик партия. Анын эмне себептен марага биринчи болуп жетип келгенин айтпасак деле түшүнүп турасыз, оболу бул административдик ресурстун пайдаланышы. Анын үстүнө КСДПнын катарында Оштогу бардык байлар бар. Буларды эмнеге кошту? Албетте, акча жагынан баарынан биринчи болуш үчүн. Бу партиянын Ошко кылган жакшы ишин ким эстей алат? Же аталган партиянын парламенттеги фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков өңдүүлөр баягы Бишкек ликер-арак заводун итбекер сатып алышкан сымал, түштүк борбордун көрүнүктүү жерлерин да “пулдаганы” калыштыбы?

Экинчи орундагы “Кыргызстан” партиясынын “бийлик партиясынын клону” экенин кимдер гана билбейт. Оштун элинен кабарчыларыбыз барып, “Канат Исаевди тааныйсызбы?”, “Шаршенбек Абдыкеримов ким?”- десе ондун бири гана депутат экенин айта алышкан. Калган тогузунун кабары жок. Качан гана “Кыргызстан” партиясынын лидерлери экенин айтканда, “аа ушулар беле?”- деп таң калышкан. Лидерин тааныбай анда кантип шайлашты? Же айткылачы, Канат Исаев менен Шаки Оштун эли үчүн ким? Же ушулар М.Мырзакматов, К.Ташиевден да чоң салым кошту беле Оштун өнүгүүсүнө? Мына бул жөнөкөй суроодон эле “Кыргызстан” эмнеге өткөнүн байкасак болот.

Үчүнчү орундагы “Мекеним Кыргызстан” деген партиянын өзөгүн негизинен ишкерлер жана кечээки мэр Мырзакматовду сатып кеткенден түзүптүр.

Төртүнчү орунду алган “Республика – Ата Журт” партиясы да акчалуу, бай-манаптуу уюм. Өмүрбек Бабанов элге азыр чачып жаткан акчаларды кандай жолдор менен тапканы прессада буга чейин байма-бай жазылды. Бирок Бабановдун Ошко бир күйгөнүн көргөнсүзбү? Бул чала жеңиш Бабановго бийлик менен соодалашуу үчүн эле керек? Жалпы бардык аймактардан шайлоолордо болгон-болбогон мандаттарга илиниптир. Ошентсе да, “көрдүңөрбү, менин бардык аймактарда кадыр-баркым чоң”,- деп президенттик шайлоонун алдында коомчулуктун, бийликтин көңүлүн алгысы келет. Бул жалган атак үчүн Бабанов миллиондогон сомдорун жумшады. Акчасы көп бай-манап үчүн бул бир жумалык эле чыгымы болсо керек.

Бешинчи орунду ээлеген “Бир бол” партиясынын гана Ошто өзү топтогон добушуна карата салмагы бар. Анткени, лидери Алтынбек Сулайманов бу шаарга күйүп-бышкан кези болгон. Ошентсе да, эгерде бийликтен бата албаганда, шаардык кеңешке кирери күмөн болчу.

Алтынчы болуп араң илешкен “Өнүгүү-Прогресс” партиясында “клон” болгону үчүн кулагынан жетелеп киргизип коюшту. Буларда да акча саман тура, учу-кыйыры түгөнбөйт. Аны кайдан алганын иликтөө боюнча сунуштар парламенттик шайлоодо арбын айтылды. Бирок эч ким кызыгып койбоду. “Бакиевдер каржылап атат”,- деген да сөз чыккан, бирок буга партия деле жооп бербеди. Ошол эле учурда партлидер Бакыт Төрөбаевди эки жыл мурда оштуктар “чыккынчы” деп атышпады беле? Эгер билсеңиздер, Мырзакматов мэрликтен алынганда Ошто он миңдеген адамдардын колдоо митинги болуп өткөн. Мына ошонун жүрүшүндө Бакыт Төрөбаев эл көзүнчө Мырзакматов менен кол алышып, “Улуттар биримдиги” менен “Өнүгүү” мындан ары чогуу болорун жар салган. Чепкен кийип, кучакташып сүрөткөн түшкөндөрү да эсте. Анан эле Мырзакматов кайра мэрликке шайланбай, үстүнөн кылмыш иши козголуп, “ана камалат, мына кармалат” деп турушканда Бакыт Төрөбаев жердин астына кирип кеткенби, дымы чыкпай калды. Көп өтпөй “Улуттар биримдиги” менен ажырашканын айтып чыгышты. Мына ушул окуядан кийин Бакытты “сөзүндө турбаган куу жигит тура”,- дешип, оштуктар аябай жаман көрүп калган эле. Эми ошону унутуп, Бакыттын партиясын шайлап олтурушат.

Соңку сөз ордуна

Жыйынтыгында Оштун эли “эшегине жараша тушагы” дегендей парламентке ээ болду. Бул алдыдагы 4 жылда эл жеңишке жеткен партиялардын бирине да барып, “менин көйгөйүмдү көтөр” деп даттана албайт. Анткени, антип айткыдай аларды чын жүрөгү менен шайлаган эмес. Коркконунан же акчага муктаждыгынан шайлап берген. А негизи, бул макаланы жазган себебибиз, башка журтка да сабак болсун!

Айланайым элим, деги сатылганды качан токтотосуң! Качанкыга чейин өз добушуңду сатып, кор турмушта жашайсың?! Көзүңдү ач! Кыргызстандын абалы оор. Ага ушинтип добушун саткан ар бир жаран да күнөөлүү!

ЦИТАТА

Акмарал Сатинбаева, КСДП партиясынын талапкери:

– Менин оюмча бул шайлоо өтө таза эмес өттү. Мыйзам бузуунун баары сыртта болду. Шайлоо күнү бардык көзөмөлдөчү органдардын өкүлдөрү участкаларда болушкан. Алар акча тараткандар, өз шайлоочуларын тизмелеген партиянын өкүлдөрү менен аралашып эле жүрүшкөн. Сатып алуулар ачык эле жүргөн. Ал эми бул иштерге укук коргоо органдарынын көз жумганына таң калдым. Шайлоочулар үгүт кезинде “колдойбуз” дегени менен, шайлоо күнү өзүбүз ишенип, “добуш берет” деген шайлоочуларыбыз да добушун сатып, башка партияны шайлап жиберишти. Адамдары унаа менен ташып келип шайлатып жатышты. Добуштар “ким көп акча берсе, ошол партияны шайлайбыз” деген ауционго айланды. Шайлоодо адамдар партия сунуштаган программаны, эртеңки келечекти ойлоп да коюшпайт экен.

Руслан Ташанов, “Демократия жана жарандык коом” коалициясынын Оштогу өкүлү:

– Биздин коалиция шаардын 73 участкасына 300гө жакын байкоочулары менен шайлоо жараянына байкоо салган. Добуш сатып алуу жана шайлоочуларды топ тобу менен ташыган партияларды көрдүк, бирок эч кимге билдире албадык. Себеби бизде мыйзам бузуу фактысын сүрөт, видеого тартып укук коргоо органдарына кайрылуу укугубуз жок. Добуш сатып алуу шаардыктарга көнүмүш адатка айланып баратат. Биз дагы сатып алууларга каршы ар кандай акцияларды улантабыз. Бул багытта шайлоо комиссиялардын мүчөлөрүн, укук коргоо органдарына кайрылып, олуттуу чара көрүүнү талап кылабыз.

Медербек Сатыев, Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер:

– Акыйкаттыктын карааны да көрүнбөдү. Мыйзамсыздык орноду. Добуш сатып алып аткандарды кармап атышты. Кармаган эч нерсе эмес, эми бул иш аягына чыгабы, добуш сатып алгандар тиешелүү жазасын алышабы, кеп ошондо. Бул сапар жазасын алышса, келерки шайлоолорго алып барчу жолду бир топ тазалаган болоор элек. Бир нерсени айтайын, Манас-Ата шайлоо аймагында “ата-журчуларды” колдогондор көп. Илгертен бул аймак “ата-журчулардыкы” болуп келатат. Бирок, ушул 3 миң 52 шайлоочусу бар аймактан “Ата Журт” партиясы болгону 160 добуш топтоду. Буга ким ишенет? Эл нааразы болуп, “биз “Ата Журтту” колдогон элек” деп атышат.

Булак: “Майдан.kg”

“Атка минерлер, эсиңерге келгиле, мунун арты жакшылык менен бүтпөйт”

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевге,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы А.Ш.Жээнбековго,
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору И.Ы.Жолдубаевага,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Ата-Мекен фракциясынын лидери Ө.Ч.Текебаевге 
ТАЛАП
Урматтуу бийлик өкүлдөрү!

Революция болгону быйыл туура алты жылдын жүзү болду, өкүнүчтүүсү мамлекетибизде ич жылытаарлык эч кандай жылыштар болбоду, кан төгүлдү, кырчындай болгон жигиттерибизден ажырадык, кыргыз элинин келечеги бүдөмүк, биз кимдерди ээрчип, каяка бара жатабыз? деген суроо туулат. Ата-Бейиттен, курман болушкан баатырлардын алдында көзүңөргө толтура жаш алып берген анттыңардан тайдыңарбы, эстеп көргүлөчү кандай ант бергениңерди, “кыргыз элин жыргатабыз, электр энергиясына болгон баалар көтөрүлбөйт, керек болсо бекер беришибиз керек, коррупцияны түп тамырынан бери жулабыз, Акаев, Бакиевтердин бир дагы кадрларын кызматка жолотпойбуз, аларды түрмөгө чиритебиз», койчу деги кайсы бирин айталы, кана ошол берген убадалар. Азыр КТРКны көрүп отурсаң, жалаң эле баягы эле элдин эсебинен байыган коррупционерлер толуп алган. Колуңардан иш келбесе элди эзбей, өзүңөр дагы эзилбей, өз эркиңер менен кызматыңардан эле кетип калсаңар абдан туура болмок, эми Кыргызстанды алты жылда оңдобогонуңар, эми алты айда эмнени кыйратканы жатасыңар? Күн алыс улам бирөөңөр “экономикабыз укмуш оңолуп жатат, коңшу мамлекеттерден алда канча алдыга чыгып кеттик” деп айткандан уялсаңар боло, туура балким өзүңөрдөн үй-бүлөөлүк бюджетиңер, чөнтөгүңөр толуп, өнүгуп-өсүп жаткандыр… Дагы бир жолу баса айтсак, колуңардан иш келбесе, бийликти оппозициягабы же иштеген адамдарга өткөрүп берүүңөрдү талап кылабыз. Ал эми кыргыз элим, жерим деген биздин жердешибиз -патриот жигиттерибиздин бири Кубанычбек Кадыровду мыйзамсыз камакка алып, саясий куугунтук кылганыңарды ТОКТОТУУНУ ТАЛАП КЫЛАБЫЗ!!! Керек болсо так ушул Кубанычбек, Атамбаевди бийлике алып келгендердин бири, так ушул Кубанычбек, далай жолу бакиевтердин “провокаторлорунан” биргеликте куткарып жүргөн, Ал эми 2009-жылы Текебаевди бакиевтер Ак-Суудан РОВДнын алдынан, “таш бараңга алып өлтүрөбүз” деп жатканда, биз забордон секиртип, бир кашарга алып барып, аман алып калбадык беле, кана ошол күндөр, бүгүн болсо биз абдан урматтап сыйлаган Өмүрбек Чиркешович “лям» деп оозун ачпай отурганына жол болсун демекчибиз, унутуп калса биз эскертип коелу деп жатабыз.
Текебаев калыстыктан тайды, андан кайрат качты, ал сынды, бийликтин курмандыгы болду. Азыр болсо булар “кайдан көрдүм, кара эшекти” деген ойдо болуп жатышса керек, андай болбойт. “Элдин көзү көрөгөч” деп коет кыргызда. Ал эми Баш прокурор И.Жолдубаевадан мыйзамдуулукту ТАЛАП КЫЛАБЫЗ. А.Жээнбековдон эл өкүлү болгондон кийин калыстыкты, эл үчүн кызмат кылуусун ТАЛАП КЫЛАБЫЗ. бийлик өкүлдөрү! Эртеңки келечегиңерди ойлогула!
Кубанычбек Кадыровду мыйзамсыз камакка алып, саясий куугунтук кылганыңарды ТОКТОТУУНУ ТАЛАП КЫЛАБЫЗ!!! Арты жакшылык менен бүтпөөрүн эскертип айтып коюу биздин атуулдук милдет.
Ысык-Көл облсунун Ак –Суу районун жаштарынын атынан: Кайырбек Э, А.Акматов, Т.Коңурбаев, А.Усубалиев, А.Намазбаев, У.Бадаев, А.Жайыков, А.Усубалиева, М.Мырзабаев, Б.Дүйшөбаев
 Булак:  “Майдан.kg”

Кубатбек Кожоналиев,коомдук ишмер, юстициянын генералы: “Оппозиционерлерди камоо - бийликке абийир алып келбейт”

– Кубатбек мырза, “оппозиционерлер бийликти басып алат” деп бийликтин чоочулоосуна негиз барбы?

– Интернетте жарыяланган маалымат боюнча оппозициянын баардык кыймыл-аракети башынан эле УКМКнын көзөмөлүндө болгон экен. Ошон үчүн бийликке “бийлигимди алдырып жиберем” деген кандайдыр бир коркунуч болгон эмес. Коркунуч болсо, алар мындан да башка кадамдарга барышмак.

– Камакка алынган оппозиционерлердин мизи кайтарылып, УКМКнын СИЗОсунан ур тепкиге алынып, сынып калышпайбы?

– Ар бир инсандын башында мындай сыноо болушу мүмкүн. Ал эми бул сыноону ким кандай кабыл алат, аны убакыт көрсөтөт. Ошон үчүн “тигини сындырат, мунусунун мизин кайтарат” деп деп күн мурунтан болгологон болбойт.

– Сиз камакка алынганда СИЗОдон күч колдонулган жок беле?

– Андай пастыкка барышкан эмес. Бирок, моралдык жагынан сындырганга аракет болгон: 4 күн КТРКдан негизсиз “террорист” деп каралап, азыркы омбудсмен Кубат Оторбаев бийликке абдан “кызмат” кылган. Айтпаса  да белгилүү, ошол кездеги бизди “сындырабыз, каралайбыз” деген  аткаминеерлердин өздөрү азыркы күндө ошондой сыноону баштарынан өткөрүп жатышат.

– Юридикалык жактан алганда аудиожазууну негиз кылып камакка алуу акылга сыйбаган иш деп жатышат. Сиз бул боюнча кандай ойдосуз?

– Иш менен таанышмайын так кесе айтуу кыйын: анткени процессуалдык жагынан кандай аракеттерин бекиткени азырынча белгисиз болуп жатат.

-Эки айдан кийин бул саясатчылар “Атамбаев кетсин!” деген сөзү үчүн биротоло кесилип кетпейби?

– Биздин сот системасынан баардыгын күтсө болот: бир тайсалдаган күбөнүн көрсөтмөсү боюнча экс-министр Равшан  Сабировду деле соттоп коюшпадыбы беле. Бу сапар да ошол ыкмасын колдонбойт деген кепилдик жок да. Мен да иш адилеттүү тергелишин, камакка алынган саясатчылар чыгышын, күчкө салынбай баары мыйзам чегинде болушун каалайт элем.

– Бийликтин  оппозиционерлерди аудиожазуу менен жипсиз колу-бутун байлаган аракетинен майнап чыгабы же элдин кыжырын ого бетер кайнатып алышабы?

– Ал нерсенин баары тергөө учурунда табылган далилдерине жараша болот: курулай сөздөр менен айыптаса, алибетте, кыжырлануу болушу толук мүмкүн. Чынында оппозиционерлерди камап, аларга очойгон доомат коюу бийликке абийир алып келбейт.

 

Чынайым Кутманалиева,

Булак: “Майдан.kg

Никеге турам деген түркмөндөр СПИД илдетине карата тест тапшырышат

Түркмөнстанда жаңы мыйзам кабыл алынды. Ага ылайык, никеге турам деген адамдардын бардыгы АИВ-тест тапшырууга милдеттүү. Бул ооруга чалдыккандар уруксат албай калуу коркунучу бар.

Мамлекеттик ММКлар кабарлагандай, бул эрежелердин максаты – «дени сак үй-бүлөлөрдү куруу үчүн шарттарды түзүү жана ВИЧ-СПИД оорусуна чалдыккан балдардын төрөлүүсүнө бөгөт коюу”.

Мындан ары аталган тесттен өтүүгө баңгизаттарын колдонот деп шектелгендер, жумушчу визасын алууга аракет кылган чет өлкөлүктөр, соттолгондор жана кан донорлору милдеттүү болушат.

Гурбангулы Бердымухамедов кол койгон мыйзам АИВ/КИЖСга (ВИЧ-СПИД) чалдыккан адамдарга акысыз дарыланууну кепилдейт. 2002-жылы Түркмөнстан эки гана жараны СПИДден жабыркайт жана экөө тең ооруну чет өлкөдөн жугузуп алган деп билдирген.

Кандуу жол менен келген бийликке 6 жыл толду, Атамбаев антына турдубу?..

Мен, башка көп себептерди санабай эле коеюн. Бүгүн, Атамбаев баш болгон Убактылуу өкмөттүн урпактары мындан 6 жыл мурда ант берип карганышкан Ата-Бейитке барышат.
Кандуу төңкөрүштүн себептери:
1. Бийликти бир ууч адамдар, үй бүлөөлүк бийлик басып алды;
2. Электр тарифтери 1,50 сомго көтөрүлдү;
3.Токтогул Суу сактагычынын көлөмү азайды, Максим сатышы мүмкүн;
4.Сөз эркиндиги тепселип, журналисттер куугунтукка алынды;
5. Оппозиция саясий куугунтукка алынууда;
6. Өлкөдө кымбатчылык, жашоо шарт начар;
7. Тышкы мамлекеттик карыз 2 млрд доллардан ашып кетти;
Мына ушул сыяктуу себептерди айткан Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү бийликти алмаштырууга себепчи болуп, жогорудагы жана башка кесепеттерди жоюга убада берип, антташкан. Мына ушул күнү кыргыз элинин жашоосун начарлатты деген Бакиев бийликтен качууга аргасыз болгон. Кан төгүлүп, 87 адам каза тапкан күн. Дал ошол 6 жыл илгери Ата Бейитке Маркумдардын сөөгүн коюп жатып Атамбаев, Текебаев, Сариев, А.Жээнбеков, Отунбаева, Каптагаев башында турган топ көздөрүнө жаш алып, каргылданган үндөрү менен ант берип, маркумдардын мүрзөсүндө Бакиевдин жолун жолдобойбуз деп карганышкан. Кыргыз ант урат, кан кое бербейт деп айтып калат. Мына 6 жыл мурдагы антына турдубу бийлик? Калыс ой жүгүртүп, санап көрбөйсүздөрбү. Мен тизмелеген далилдер жакшы жагына өзгөрдүбү? Антына турбаган Атамбаевди ант урушу мүмкүнбү?!..
Бүгүн дагы арбактар башына барып Атамбаев көп сөздү айтышы мүмкүн.
7 Aprel13-39-29
Ант бергенден кийинки абалга көз жүгүртүп көрөлү:
1. Бир туугандардын колундагы бийлик, башкача топ: шопур, жан сакчы, өкүл бала, достордун менчигине айланды;
2.Электр тарифи 2,16 сомго кымбаттады;
3. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү Бакиевдин убагындагыдан эки эсе аз;
4. Сөз эркиндиги тепселип, бийликти сынга алган журналисттер куугунтукка алынып, миллиондогон суммалар менен айыпка жыгылууда;
5. Оппозиция мүчөлөрү Бакиевдин убагындагыдай эле куугунтукка алынып, бир топ демократиялык укуктарынан ажырашты.
6. Өлкөдө элдин жашоо шарты жакшырып кеткен жок, Атамбаев жана анын тууган, үй бүлөө шопурларын эске албаганда;
7. Тышкы мамлекеттик карыз 3,7 млрд доллардан ашты.
Менин көз карашымда апрелдеги каргашадагы курман болгон баатырлардын өмүрү текке кетти, арбактар алданды деп эсептейм. Булар берген анттынан танышты, өткөн тагдырын унутушту.
Дайыр Орунбеков, журналист

Булак: maalymat.kg

Турсунбек Акун, элдик акыйкатчы: “Оппозициянын арасында калың китеп окуп көрбөгөндөр да бар”

– Турсунбек мырза, бийлик менен оппозицияны бир столго олтургузуп, маселени сүйлөшүү жолу менен чечкенге аракет кылдыңыз. Ал кандай жыйынтык берди?
– Албетте жакшы жыйынтык берди. Атамбаев келбегени менен анын аппаратынан жана парламенттен Текебаев келди. Министрдин орун басарлары келди. Оппозициядан Азимбек Бекназаров, Адил Турдукулов баштаган беш өкүл келди. “Арай көзү чарай” деп көтөрүлгөн маселени талкууладык.  Бекназаров чек ара боюнча катуу сүйлөдү. Текебаев да өз оюн айтты. Бийлик тараптан келгендер тоолуу жердеги жеңилдиктер алынбасын, электр энергиясы мындан ары кымбаттабасын айтышты. Кыскасы, “оппозицияга куугунтук токтотулсун” деген чечимге келип, бийлик менен оппозицияны бир столго отургузуп, форум өткөрүү турууну мага жүктөштү.
Жолугушуунун натыйжасында  Жарандык Форумдун башкаруу комитети төмөндөгүдөй  резолюция кабыл алды:
“Бийлик менен оппозициянын ортосунда болгон жолугушуу конструктивдүү маанайда өтүп , оппозиция тарабынынан  берилген курч суроолорго тиешелүү жооптор берилгенине карабастан жоопсуз калган кээ бир суроолорго  жакынкы аралыкта  кагаз жүзүндө жооп  берилсин.
Элдин пикирин эсепке албай, электр энергиясынын тарифин негизсиз көтөрүп  жана аны кайрадан алып салган  мамлекеттик чиновниктерге тиешелүү жазалар берилип, кызматтан кетирүү маселеси каралсын. Бул боюнча премьер-министерге атайын кат жазылсын.
Бийлик тарабынан   оппозициянын  лидерлеринин үстүнөн  куугунтук уюштуруу токтотулсун. Оппозициянын лидерлеринин  жана жөнөкөй эле жарандардын үстүнөн тыңшоону уюштуруу мыйзамсыз  деп табылсын. Оппозициянын өкүлдөрүнүн жана анын тууган уруктарын,  жакындарынын  үстүнөн массалык маалымат каражаттары аркылуу каралоо токтотулсун. Бийлик өкүлдөрүн сындаган жана өз көз карашы бар журналисттерди каралоо жана куугунтуктоо токтотулсун”.
– Эми кийинки жолугушуу качан болот?
– Бийлик менен оппозициянын кийинки жолугушуусу 2016-жылдын 28-апрелине белгиленди. Кудай буюрса эмки жолугушуу мындан дагы эффективдүү болуп, көп маселени алдын алганга, маеслени чырдашуу эмес, сүйлөшүү жолу менен чечкенге салым кошот деген ниеттемин.
– Турсунбек мырза, УКМКнын оппозициянын сөздөрүн тыңшап, ошонун алкагында аларды камакка алганы боюнча не дейсиз?
– 1948-жылы Бириккен улуттар уюму тарабынан кабыл алынган “Адам укуктарынын жалпы декларациясынын” негизинде адамдардын жеке сүйлөшүүсү , өз ара пикир алышуусу купуя сыр катары саналат деп жазылган. Аларды эч ким жашыруун жаздырып алууга жана ачыкка чыгарып коомчулук жар салууга акысы жок. Мындай аракет эл аралык келишимдерди, адам укугу боюнча эл аралык нормаларды одоно бузгандык болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Конституциясында да адамдардын ортосундагы купуя сыр жашыруун сакталышы тууралуу ачык жазылган.
Ал эми Кыргыз Республикасынын коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жогорудагыдай эл аралык келишимдерди, Конституциянын беренелерин одоно бузуп,  оппозициялык лидерлердин ортосундагы өз ара сүйлөшүүлөрдү жаздырып алып эч кандай ийменбестен коомчулукка жар салды. УКМК мына ушундай аракети менен адам укуктарын одоно бузуп, жарандарынын ички ишине кийлигишти. УКМКнын мына ушундай  мыйзамсыз аракетинин негизинде  Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров эки айга эркиндигинен ажыратылды.
Мындай аракеттери үчүн  Башкы прокуратура УКМКнын жетекчилигинин жана кызматкерлеринин үстүнөн кылмыш иш козгоп тиешелүү тергөө иштерин баштоосу керек.
– Бирок, айрымдар сүйлөшкөн сөзү тыңшоочу аппарат аркылуу жазылып калган оппозиция мүчөлөрү жалпы оппозициянын кадырын кетирди деп жатышат го. Буга не дейсиз?
– Чынында алар жазылып алынган сөздөрдү “монтаж” деп жатышат. Кадыров, Асановдордун ошондой деңгээлге түшүп сүйлөшкөнү чын болсо, алар өздөрүнүн эле эмес, жалпы оппозициянын да кадырын кетирип жатышат. Айтайын дегеним, алардын сүйлөшкөн сөзүнөн дагы сөгүнгөнү көп экен. Кыскасы, оппозициянын арасында калың китеп окуп көрбөгөндөр да бар экенин далилдеп жатат. “Эшегине жараша тушагы” болбой мындан ары УККМК да өз иши, оппозиция да өз иши менен алек болушу керек.
Ч.Кутманалиева, Булак: “Майдан.kg

Коррупциялык тендерге премьер-министр Темир Сариевдин жардамчысы Нурбек Султановдун жана "Ак шумкар" партиясынын мүчөлөрүнүн тиешеси бар экендиги айтылды

Кечээ, 6-апрелде Жогорку кеңеште болуп өткөн Балыкчы – Корумду жана Бишкек — аэропорт «Манас» жолунун курулушундагы мыйзам бузууларды иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын отурумунда коррупциялык тендерлерге премьер-министр Темир Сариевдин жардамчысы Нурбек Султановдун жана дагы “Ак шумкар” партиясынын эки мүчөсүнүн тиешеси бар экендиги айтылды. Балыкчы-Корумду жолунун курулушуна “Көчмөндөр оюнуна” келген меймандар келгинче тез бүтүрүлсүн деген максатта кыргыз мамлекетинин бюджетинен эбегейсиз чоң сумма – 6 миллиард 830 миллион сом бөлүнгөн. Кыргызстандын тарыхында жол курууга бөлүнгөн миллиарддаган акчаларды жеңип алган чет элдик компаниялар ал сумманын 10-20%ын тендерди утуп алууга жардам берген кыргыз жетекчилерине тымызын накталай кайтарып берери көптөн бери айтылып да, жазылып да келет. Азыр 2016-жылга жол курууга бюджеттен бөлүнгөн 8 миллиард акчаны өз көзөмөлүнө алуу үчүн премьер-министр Темир Сариев менен Транспорт министри Аргынбек Малабаевдин ортосунда айыгышкан кармашуу жүрүп жатат.
2015-жылы 22-октябрда өткөн Балыкчы-Корумду жолун курууга тендер коррупциялык жол менен өткөрүлгөнү быйыл февралда билинип, ага премьер-министрдин да тиешеси бар деп шектелген жана атайын депутаттык комиссия түзүлгөн. Ал эми транспорт министри Аргынбек Малабаев бул тендер премьер-министр Темир Сариевдин кызыкчылыгында өткөрүлгөн деп ачык эле айыптап чыкты.
“Премьер-министрдин жардамчысы, мамлекеттик кызматкер Нурбек Султанов, бул тендерди көзөмөлдөгөн Транспорт министринин орун басары, мамлекеттик кызматкер Улан Уезбаев (министрдин орун басарын министр эмес, премьер-министр дайындайт – ред.), жана тендерди утуп алган кытайлык “Лонг Хай” жеке менчик фирмасынын Кыргызстандагы өкүлү Азамат Жунушалиев үчөөсү аябай жакын, кыйышпас достордон болуп саналат. Үчөөсү күн сайын болбосо да бир жумада бир жолугушуп, бирге эс алышып, мамилелери аябай ысык. Ошондуктан укук коргоо органдары бул маалыматты да иликтеш керек”, – деди КСДПчы депутат, депутаттык комиссиянын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев 6-апрелдеги отурумда.
“Кытайлык “Лонг Хай” компаниясынын өкүлдөрү Азамат Жунушалиев, Эрнис Жунушалиев жана Темир Сариевдин жардамчысы Нурбек Султанов үчөөсү тең Темир Сариевдин “Ак шумкар” партиясынын мүчөлөрү. Азыр бул үчөөсү тең Ысык-Көлдө жол куруп жаткан кытайлыктар менен жүрүшөт”, – деп кошумчалады транспорт министри Аргынбек Малабаев.
Демек, партиясы парламентке келбей калса да премьер-министрликке дайындалган Темир Сариев “майлуу-сүттүү” жерлерге “Ак шумкар” партиясынын мүчөлөрүн тыга берген турбайбы. Парламенттик мамлекеттерде мындайга такыр жол берилбейт. Ошондой эле мындай оор кылмыштарга шектелген премьер-министрлер былтыйып, креслосуна жабышып олтура бербей, иликтөө калыс өтсүн деп өздөрү дароо отставкага кетет. Бирок мындай саясый маданияттан такыр алыс адамдар акыр аягына чейин жабышып, жамбашына тепки жемейинче олтура берерин бүгүнкү тарых далилдеп жатат.
Белгилүү болгондой кечээ, 6-апрелде Алмаз Атамбаев УКМКнын Антикоррупциялык кызматына бул фактыларды тыкыр иликтеп, юридикалык баа берүүнү тапшырды.
Бул күнкү комиссиянын отурумунда КР Транспорт министри Аргынбек Малабаев төмөнкүлөрдү билдирген: «2015-жылдын 25-сентябрында премьер-министр Темир Сариев өкмөттүк жыйын өткөрүп, биздин Транспорт министрлигине жаңы жолдорду салууга тендерлерди өткөрүүнү тапшырды. Бул максатта 2016-жылга бюджеттен 8 миллиард сом бөлүнгөн эле. Быйыл күзүндө өтө турган «Көчмөндөр оюнуна» байланыштуу Бишкек — аэропорт «Манас» жана Балыкчы – Корумду жолдорун быйыл салып бүтүрүшүбүз керек эле. Биринчи маселе болгон Балыкчы – Корумду жолун салуу боюнча тендерди өткөрүү биздин министрликке тапшырылганы менен премьер-министр 2015-жылдын 13-октябрында министрликти аттап, акча каражаты түз эле Жол чарба департаментине бөлүп берилсин деп Каржы министрлигине буйрук берди жана Балыкчы – Корумду жолун курууга жооптуу кылып Жол чарба департаментин бекитти. Алардын үстүнөн көзөмөлдөө ишин премьер-министр өзүнүн аппаратына тапшырды. Эреже боюнча өкмөттүн справка-негиздемеси болуш керек эле, бирок мага, транспорт министрине ал кагазды көрсөтүшкөн жок. Ал негиздемеге менин орун басарым Улан Уезбаевдин колун койдуруп алышыптыр да Темир Сариев N 508-токтомду чыгарыптыр. Ал токтомдун негизинде Жол чарба департаменти өзүнүн буйругун чыгарып, тендердик комиссия түзгөн. Мыйзам боюнча тендер эки жума мурун жарыяланышы керек. Булар мыйзамды аттап 21-октябрга тендер жарыялашкан. Бирок, 21-октябрга чейин 2 Кыргызстандык компания жана 1 Түркиялык компания документтерин тапшырып, кытайлык «Лонг Хай» компаниясы үлгүрбөй калгандыктан мыйзамды одоно бузуу менен тендерди 22-октябрга жылдырышкан. Ушундан кийин гана мага менин орун басарым Улан Уезбаев маалымат берген (министрлердин орун басарларын премьер-министр гана дайындайт — ред.). Бирок, текшере келгенде ал маалыматтар так эмес чыкты. Мен өзүм иликтеп көрсөм кытайлар Улан Уезбаев жана Темир Сариевдин жакын кишилери менен сүйлөшүп, тил табышып алышыптыр. Ошондуктан алар кытайлык «Лонг Хай» компаниясынын кызыкчылыктарын коргоп жатышкан экен. Айтылгандай эле 22-октябрда тендерди кытайлык «Лонг Хай» компаниясы жеңип чыкты кылышкан. Бул фактыларды азыр премьер-министр Темир Сариев элден жашырып жатат. Биринчиден, мен өзүм Бишкекте болсом эмне үчүн мага кол койдурушпай менин орун басарыма кол койдурушат? Мекемелер аралык комиссия да Темир Сариевдин буйругу менен түзүлүп, ал буйрукта «министр жоопкерчиликти албаганына байланыштуу жоопкерчилик толук бойдон орун басарына өткөрүлүп берилсин» деп жазылган. Ошол, 12-13-14-октябрларда мен Бишкекте, өз иш ордумда эле болгомун. Булар менин министрлик ыйгарым укуктарымды чектеп, тендерди одоно мыйзам бузуулар менен өткөрүшкөн. Тендердик комиссиянын төрагасы Жумаш Соодонбаев (Жол чарба департаментинин башкы инженери) азыр түшүнүк кат жазып берген. Анда ал тендердик комиссияга өкмөттөн «ишти тез бүткөргүлө» деп эбегейсиз басым жасашканын жазган. Тендердик комиссия тендерге катышып жаткан эки кыргыз компаниясын «силер арзан жасай албайсыңар» деп түртүп салган, ал эми Балыкчы-Корумду жолун кытайлардан арзан салып берүүнү сунуш кылган Түркиялык компанияны «лицензияңар жок» деген шылтоо менен чыгарып салышып, кытайлык «Лонг Хай» компаниясын жеңүүчү деп аташкан. Бирок, «Лонг Хай» компаниясы да тендерге лицензиясы жок катышкан. Мыйзам боюнча мындай жолдорду салууга тендерге 2-даражадагы лицензиясы бар гана компаниялар катыша алат. Тендерди октябрда утуп алган «Лонг Хай» компаниясы ноябрда гана Мамархкурулуштан жана Юстиция министрлигинен 3-даражадагы лицензия алган. Бул 3-даражадагы лицензия жол оңдоого гана укук берет, жол салганга укук бербейт.»Лонг Хай» компаниясында премьер-министр Темир Сариевдин жакын кишилери иштейт, ошондуктан бул компанияда Темир Сариевдин кызыкчылыктары бар. Ушул себептен «Лонг Хай» компаниясы миллиарддаган сомдорду чапчыган тендерлерди мыйзамдарды одоно бузуп утуп алып жатат. Азыр «Лонг Хай» компаниясы өзүнүн техникасы жана жол куруу тажрыйбасы, адистери жок болгондуктан эки кыргыз компаниясын жалдап алып жол салдырып жатат. Бул жолдордун сапатына ким жооп берет?», — деп баяндады КР Транспорт министри Аргынбек Малабаев.
Булак:Кyrgyztoday.kg

Ыргалай Бекмуратова "бийлик тиши түшкөн Ыргалайдан коркпой башкалардан корксун" деп жар салды

Социалдык түйүндөрдүн бирине учурда «некий Ыргалай» болуп таанылган Бекмуратова маалымат каражаттары ал тууралуу «Ыргалай жаңы конуштарда акча таркатып жүрөт» деген маалыматты төгүнгө чыгарды жана ал тууралуу айтылгандардын баарын жалган жалаа деп атады. Ошондой эле бийлик тиши түшкөн Ыргалайдан коркпой башкалардан корксун деп каңкуулады жана чындык деп чыркырап жүргөнүн жар салды.
Булак: “Жаңы Агым”

СДПКчылар парламентке өтүп эле … “үйсүз” болуп калышты

Жогорку Кеңеш депутаттарынын 16сы кызматтык батирде жашап жатса, алардын 12си КСДП фракциясынан. Үйүм жок дегендердин арасында байлыгы эл оозунда айтылып келаткан Анвар Артыков, Тилектеш Исаев сыяктуулар да бар.
Кызматтык батирлерди бөлүштүрүү жөнүндө маалыматтарды Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы жарыялады. Аларга ылайык, 16 депутаттын Бишкекте үйү жок болуп чыккан.
Баарынан мурда буга чейин төрт жолку депутат Анвар Артыков үйгө муктажмын дегени көп суроолорду жаратат. Көрсө, 6-чакырылыштын эң улуу депутаты кызматтык батирди мындан 20 жыл илгери эле алып, кызына энчилеген экен. Аны кайтарып берүүгө ниети жок.
Үйү жоктордун арасында дагы бир социал-демократ Тилектеш Исаев да жүрөт. Анын ишендиришинче, Бишкекте ага таандык үй жок, эми гана куруп жаткан экен. Анткен менен буга чейин эл аралык “Манас” аэропортунда май куюучу комплексти, ири “Газпромнефть-Аэро Кыргызстан” ишканасын жетектеген адамдын үйү жок экенине ишенгендер аз.
Эскерте кетчү жагдай, 2015-жылдын күзүндөгү парламенттик шайлоонун алдында бардык партиялар депутаттык артыкчылыктардан, кызматтык унаалардан жана батирлерден баш тартабыз деп убада беришкен.
Булак: “Эл деми”

Ыргалай Бекмуратова "бийлик тиши түшкөн Ыргалайдан коркпой башкалардан корксун" деп жар салды

Социалдык түйүндөрдүн бирине учурда «некий Ыргалай» болуп таанылган Бекмуратова маалымат каражаттары ал тууралуу «Ыргалай жаңы конуштарда акча таркатып жүрөт» деген маалыматты төгүнгө чыгарды жана ал тууралуу айтылгандардын баарын жалган жалаа деп атады. Ошондой эле бийлик тиши түшкөн Ыргалайдан коркпой башкалардан корксун деп каңкуулады жана чындык деп чыркырап жүргөнүн жар салды.
Булак: “Жаңы Агым”

СДПКчылар парламентке өтүп эле … “үйсүз” болуп калышты

Жогорку Кеңеш депутаттарынын 16сы кызматтык батирде жашап жатса, алардын 12си КСДП фракциясынан. Үйүм жок дегендердин арасында байлыгы эл оозунда айтылып келаткан Анвар Артыков, Тилектеш Исаев сыяктуулар да бар.
Кызматтык батирлерди бөлүштүрүү жөнүндө маалыматтарды Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы жарыялады. Аларга ылайык, 16 депутаттын Бишкекте үйү жок болуп чыккан.
Баарынан мурда буга чейин төрт жолку депутат Анвар Артыков үйгө муктажмын дегени көп суроолорду жаратат. Көрсө, 6-чакырылыштын эң улуу депутаты кызматтык батирди мындан 20 жыл илгери эле алып, кызына энчилеген экен. Аны кайтарып берүүгө ниети жок.
Үйү жоктордун арасында дагы бир социал-демократ Тилектеш Исаев да жүрөт. Анын ишендиришинче, Бишкекте ага таандык үй жок, эми гана куруп жаткан экен. Анткен менен буга чейин эл аралык “Манас” аэропортунда май куюучу комплексти, ири “Газпромнефть-Аэро Кыргызстан” ишканасын жетектеген адамдын үйү жок экенине ишенгендер аз.
Эскерте кетчү жагдай, 2015-жылдын күзүндөгү парламенттик шайлоонун алдында бардык партиялар депутаттык артыкчылыктардан, кызматтык унаалардан жана батирлерден баш тартабыз деп убада беришкен.
Булак: “Эл деми”

Алмаз Атамбаев подписал Закон Кыргызской Республики об объявлении 7 апреля праздничным нерабочим днем

Алмазбек Атамбаев сегодня, 6 апреля, подписал Закон Кыргызской Республики «О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики» (в Трудовой кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики «О Дне народной апрельской революции – 7 апреля»). Об этом сообщили пресс-служба ЖК КР.

Напомним, что сегодня, 6 апреля 2016 года Жогорку Кенеш Кыргызской Республики принял данный закон.

Закон вступает в силу с момента официального опубликования.

Справочно: В соответствии с законодательством Кыргызской Республики, Закон вступает в силу с момента опубликования на официальном сайте Президента Кыргызской Республики. Закон будет также опубликован в государственной официальной газете «Эркин тоо» завтра, 7 апреля 2016 года.

Соответственно, завтра, 7 апреля 2016 года будет нерабочим праздничным днем.

Скандальный тендер с запашком «дохлой собаки»

Глотки наших больших людей закроются разве что велением бога, а так, похоже, никто не сможет этого сделать. Президент Алмазбек Атамбаев как-то говорил: «Сделаю так, чтоб не боящиеся бога боялись Антикоррупционной службы». Прошло больше 3 лет с создания указанной службы, но мы пока не видели закрытия у кого-нибудь алчной глотки. Напротив, создается впечатление, что коррупционеров сажают, но спустя небольшое время под разными предлогами оправдывают, и тем больше увеличивается количество коррупционеров. Очевидно, без перемен в сознании наших чиновников они останутся рабами своего аппетита и продолжат грабить страну.

На сегодняшний день в сознании чиновников, пошедших на государственные высокие должности, укоренилось понятие «в каком месте, каким путем, как сделаю деньги». До избавления от такого закосневшего понятия обуздать коррупцию невозможно. Сейчас сформировалась армия глядящих на государственную службу как на источник зарабатывания денег. Ведь давшие деньги и пошедшие на министерскую или другую должность люди для многократного возвращения потраченных денег берут взятки или делают деньги на вопросе проведения тендеров. Они идут на это, зная, что запускают руки в народное благосостояние посредством нарушения закона. Но не считают себя виновными в этом деле. Потому что в их сознании, внутреннем мире живет самооправдание «если бы я не пришел на эту должность, дав деньги, то все равно бы мое место забрал кто-то другой». Они как бы понимают «если я буду чисто работать, не проедая, то и другие тоже не стали бы проедать», но не хотят понимать. Обязанность государства по ликвидации именно такого впитавшегося в нашу кровь, мозг взгляда, понятия должна рассматриваться как краеугольный камень сегодняшнего дня. Мы же видим, что арестами вопрос не решается. Генеральная прокуратура, Антикоррупционная служба сажают, а суды оправдывают, позорятся. Если хотим запугать арестами, то в соответствии с арестами, ни на что не глядя (приближенность, знакомства, здоровье), надо сделать так, чтоб пожизненно лишать свободы, конфисковать дома-имущества, запретить их детям работать на государственной службе. Возможно, тогда испугаются. Иначе не извлекут урока алчные и ненасытные люди, не смогут укротить глотки.

Вот на этой неделе вылезли уши министра транспорта Аргынбека Малабаева из тендерного  скандала, подняли шум и гам все вплоть до Жогорку Кенеша. Говоря по существу, 17 октября 2015 года Министерство транспорта объявило тендер на прокладку дороги Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду протяженностью 104 км, за цену 6 803 503 490,16 сомов. В тендере выиграла китайская компания по строительству дорог и мостов «Лонг Хай». Ее деятельность вызвала подозрения, запахло коррупцией. Пищу подозрениям подбросило то, что руководителями выигравшей тендер компании оказались студенты, один 1982 г.рождения, другой 1989 г.рождения, а представителем компании в Кыргызстане является односельчанин министра Азамат Жунушалиев. Уже после выигрыша тендера, 3 ноября указанная компания прошла регистрацию в Министерстве юстиции. По требованиям тендера, у участвующей в конкурсе компании должна быть лицензия Кыргызстана для строительства дороги. Компания «Лонг Хай» до этого не построила в Кыргызстане ни одного километра дороги. Будто этого мало, она имеет разрешительную бумагу 3 уровня, дающую право только на латание дыр на дороге. По условиям тендера требовалась лицензия минимум 2 уровня для ведения строительства дороги. Чуете запашок дохлой собаки? Несложно заметить, что такое отвратительное зловоние коррупции исходит со стороны министра Аргынбека Малабаева. Мы к тому, что не будь интересов министра, то с чего бы в тендере выиграла китайская компания «Лонг Хай», вообще не отвечающая условиям тендера? А почему в тендере не выиграло предложившее на 60 млн сомов дешевле турецкое предприятие «Кочоглу иншаат санайи ве хайванжылык тижарет» с местными дорожно-строительными фирмами? Как и подозревает народный представитель, за спиной компании, которыми владеют молоденькие ребята – китайские студенты, может маячить тень министра.

А затем, не стыдясь, он поворачивает стрелку в другую сторону и показывает себя невинным: «Я находился за рубежом. Когда я приехал, оказывается, мой заместитель все подготовил. После этого я вызвал представителей тендерной комиссии и обсудил вопрос. Распространились разговоры о происходящем давлении. Я говорил: если у них есть нарушения закона, то не надо проводить тендер». Более всего, он признался, что они вдвоем с джигитом – представителем Кыргызстана в китайской компании являются односельчанами, но с ним познакомился случайно, как бы подразумевая, мол, какое здесь имеется нарушение закона. Просто удивляешься этому и поневоле качаешь головой. Мало того, возмущаешься от сказанного им: в связи с тем, что китайская компания в свое время не получила строительную технику, дорога может столкнуться с опасностью не завершиться в срок.

И вообще с приходом Аргынбека Малабаева министром транспорта указанное учреждение не вылезает из тендерных скандалов. Так, закупки указанным министерством в прошлом году ноутбуков по 900 долларов, которые стоят по  300 долларов, тоже вызвали недовольство у депутатов. За это никто не понес ответственности. Вследствие этого кажется, что Малабаев по старой привычке идет за грязной мыслью «мне годится присваивать половину тендера». Вызывает огорчение отсутствие тех, кто может очистить его грязные мысли. Давайте прекратим практику «хоть он криворотый, но пусть говорит».

Источник:  «Фабула» 

Адилет Айтикеев, главный редактор газеты "Искра плюс": "Интервью с Жанышем Бакиевым было интересным. С многих людей будут сорваны маски..."

Недавно известный журналист, превратившийся в прыщик на лбу власти из-за своей жесткой критики, Адилет Айтикеев побывал в городе Минске, взял интервью у младшего брата экс-президента Курманбека Бакиева, бывшего главы Службы государственной охраны Жаныша Бакиева. Это интервью еще не опубликовано, но вызвало интерес общественности. В связи с этим мы обратились к самому Адилету со своими вопросами.

– Адилет, как ты связался с Жанышем Бакиевым?

– Сами знаете, до этого я использовал жесткие выражения, критиковал Жаныша Бакиева. Однажды со мной связался сын Жаныша Бакиева – Асылбек Салиев и сказал: “Адилет, поливаешь нас грязью, не надоело? Если ты объективный журналист, то встреться с этим человеком, возьми у него интервью. Тогда на все вопросы получишь ответы. Нельзя стоять в стороне и критиковать в одностороннем порядке”. Я подумал и согласился. Но сказал: “Интервью будет в рамках журналистской этики. Я не напишу ничего лишнего, будут только острые вопросы”.

– На дорогу, наверное, ушло немало денег. Кто оплатил поездку?

– Сейчас полет в Москву нельзя назвать дорогим, билет туда и обратно обошелся примерно в 200 долларов. Затем в Минск ехал на поезде, билет туда и обратно обошелся примерно в 100 долларов. У меня было немного денег, кроме того, занял у знакомых 300 долларов. Вот так и поехал.

– Давай поговорим о поездке, о чем говорили, как они живут…

– Меня встретил Асылбек и прямиком доставил к Жанышу Бакиеву. Его хорошо охраняют сотрудники белорусской Службы государственной охраны. Проверили диктофон, телефон, все карманы, потом только впустили. Жаныш Бакиев оказался солидным, сдержанным человеком, вежливо поздоровался и мы беседовали 5 часов. Были заданы очень острые вопросы.

– Например, какие вопросы?

– Начали с 22 млн сомов, которые исчезли из Джалал-Абадского областного банка 26 марта 2005 года, закончили смертью Садыркулова, Баямана, Санжара, Сурабалдиева, Павлюка, говорили об обстоятельствах событий 7 апреля, о смерти Анапияева.

– В свое время многие люди ему подхалимствовали, “носили за ним кувшин, чтобы он мог вымыть руки”. Был ли разговор о них?

– Да. Например, много говорили об Азамате Арапбаеве, Токоне Мамытове, Раиме Матраимове, Аалы Карашеве, Жалиле Атамбаеве. Много интересного.

– Что сказал о нынешней власти?

– Жестко высказался о нынешней власти, об Атамбаеве, о политике Временного правительства. Среди сказанного есть много информации, в которую можно поверить. Опубликуем интервью, сами прочитаете.

– Когда будет опубликовано интервью?

– Если все сложится, то оно будет опубликовано 12 апреля в газете “Искра”.

Источник:  “Майдан.kg” 

Откуда появилась "черная туча" над головой правительства?

Источники из Жогорку Кенеша прогнозируют, что протокол по Ункур-Тоо и скандал, связанный с тендером по строительству автодороги Балыкчы-Корумду, могут привести к отставке правительства. Кабмин в свою очередь заявляет, что для подобных заявлений оснований нет.

Депутат фракции СДПК Рыскелди Момбеков сказал Би-Би-Си, что звучащие в последнее время слухи об отставке правительства могут быть связаны с вопросами, дающими основания для критики премьер-министра.

“Отставка правительства может быть связана со скандалом вокруг тендера по строительству дороги Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду и правительственным протоколом по Ункур-Тоо, направленным в Кербен. Если вина правительства по этим двум вопросам будет доказана, то правительство обречено. Не останется ничего, чем хвалиться и оправдываться”, – считает Рыскелди Момбеков.

Правительственный протокол по станции на Ункур-Тоо, расположенного на спорном участке границы, создает большую проблему дляТемира Сариева. Оппозиционные силы, гражданские активисты требуют рассмотреть ответственность правительства, указавшего в протоколе территорию базирования радиорелейной станции принадлежащей Узбекистану. Вопрос скандального протокола был закрыто рассмотрен в Жогорку Кенеше, который поручил Генпрокуратуре изучить вопрос и дать правовую оценку

Теперь для правительства создалась еще одна причина для головной боли. Были выявлены нарушения закона при проведении тендера на строительство дороги Балыкчы-Корумду.

По указанному тендеру различаются мнения Минтранса и главы правительство. На заседании глава правительства отметил, что в случае допущения недостатков при проведении тендера министр транспорта ответит головой. Министр транспорта Аргын Малабеков, отвечая на вопросы депутатов, сказал, что за данным тендером стоит премьер-министр. Это начало большого скандала”, – сказал депутат Рыскелди Момбеков.

Пресс-служба правительства в свою очередь заявляет, что никаких оснований для заявлений об отставке премьера не имеется.

“Информация об отставке кабмина во главе с премьер-министром Темиром Сариевым не соответствует действительности. Для этого нет никаких причин и оснований”, – сообщил пресс-секретарь правительства Бакыт Асанов.

По словам Бакыта Асанова, межведомственная комиссия начала проверку нарушений закона при проведении тендера на строительство дороги Балыкчы-Корумду. По результатам работы комиссии премьер-министр Темир Сариев вынесет соответствующие решения относительно меры ответственности допустивших нарушения чиновников.

Между тем был подготовлен и направлен на рассмотрение парламента отчет правительства о деятельности за 2015 год. Но трудно ожидать, что отчет спасет премьер-министра.

Депутаты спешат рассмотреть вопрос нарушений закона при проведении тендера на строительство дороги Балыкчы-Корумду, не дожидаясь результатов проверки комиссии. По мнению наблюдателей, внутри правящей коалиции нет единства, несколько групп, желающих отправить премьера в отставку имеются в коалиции, не говоря уже об оппозиции.

Источник: BBC. Kyrgyz kyzmaty

Государственный долг Кыргызстана достиг 3,8 млрд долларов

Государственный долг Кыргызстана на конец 2015 года составил 288 млрд 803,9 млн сомов (3 млрд 805,1 млн долларов). Об этом сообщили из правительства.

Из них более 273 млрд сомов (3,6 млрд долларов) или 95% всего объема – это внешний долг Кыргызстана. 15,5 млрд сомов  (204 млн долларов) или 5% – внутренний долг.

В 2015 году на погашение общего государственного долга направлено 14,3 млрд сомов, из них на погашение внешнего долга выделено 7,4 млрд сомов, внутреннего – 6,8 млрд сомов.

Ранее Министерство финансов сообщало, что больше всего Кыргызстан должен Китаю – 1,1 млрд долларов. Далее идут Международная ассоциация развития (652 млн долларов), Азиатский банк развития (565 млн долларов).

Источник: гезиттер.орг

Комитет ЖК одобрил проект Постановления парламента о пересмотре тарифов страховых взносов и тарифной политики на электроэнергию

 

Сегодня, 5 апреля на заседании Комитета по экономической и фискальной политике был рассмотрен проект Постановления Жогорку Кенеша «О поручении Правительству КР», инициированный депутатами ЖК М.Бакировым, А.Жутановым, Т.Икрамовым, А.Юсуровым.

Докладчиком по данному вопросу выступил депутат Мирлан Бакиров. Парламентарий отметил, что рассматриваемый проект Постановления Жогорку Кенеша разработан в целях поддержки населения в сложившейся непростой экономической ситуации. В частности, в рамках инициированного депутатами проекта Постановления, планируется пересмотреть тарифы страховых взносов для фермерских хозяйств без образования юридического лица и Среднесрочную тарифную политику на электроэнергию на 2014-2017 годы.

Также, как добавил докладчик, инициаторы считают, что необходимо принять меры по продлению вступления в силу Законов «Об обязательном страховании жилых помещений от пожара и стихийных бедствий» и «Об обязательном страховании гражданско-правовой ответственности владельцев или водителей автотранспортных средств, зарегистрированных в другом государстве». «В рамках Постановления планируется пересмотр тарифов страховых взносов с учетом справедливой нагрузки по выплатам», – сообщил он.

Депутаты, обсудив нормы проекта Постановления, приняли решение одобрить проект Постановления парламента и направить данное решение в Комитет по социальным вопросам, образованию, науке, культуре и здравоохранению.

Президент Малабаевди иштен алуу боюнча Сариевдин сунушун четке какты

Президенттин аппараты транспорт министри Аргынбек Малабаевди иштен алуу боюнча Темир Сариевдин сунушун артка кайтарды. Бул тууралуу өлкө башчысынын аппаратынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Сариевдин сунушу мыйзамдык күчкө ээ болбогондуктан четке кагылды.
Темир Сариев бүгүн транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаевди кызматтан алуу боюнча сунушун президентке жолдогон. Мындай чечимге Малабаевдин Балыкчы – Корумду жана аэропорт жолунун курулушунда кетирген кемчиликтери себеп болгон.
Буга чейин “Азаттык” аталган жолдордун курулушундагы мыйзам бузуулар боюнча “Жолдон жонулган жашылдар” аттуу телеиликтөө даярдаган болчу. Аргынбек Малабаев 2010-2015-жылдары “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасын жетектеген. Ал 2015-жылдан бери транспорт министри болуп иштеп келаткан.
Булак: “Азаттык”

Депутат Табылды Тиллаев премьер-министр Темир Сариевдин отставкасын талап кылды

“Республика – Атажурт” фракциясынын депутаты Табылды Тиллаев бүгүн, 6-апрелде премьер-министр Темир Сариевдин отставкасын талап кылды. Жогорку Кеңештин Балыкчы-Корумду жана Бишкек — аэропорт «Манас» жолдорун куруу боюнча тендердин мыйзамдуулугун текшерүү боюнча депутаттык комиссиянын отурумунда анын мүчөсү Табылды Тиллаев премьер-министр Темир Сариевге коррупциялык айыптар тагылып жаткандыгына байланыштуу отставкага кетпесе бул айыптар калыс текшерилбей калат деп билдирди.
Буга чейин КР Транспорт министри Аргынбек Малабаев премьер-министр Темир Сариевди баасы 8 миллиард сом турган аталган тендерлерди өткөрүүдө анын жеке коррупциялык кызыкчылыктары менен айыптаган. «Тендерди октябрда утуп алган «Лонг Хай» компаниясы ноябрда гана Мамархкурулуштан жана Юстиция министрлигинен 3-даражадагы лицензия алган. Бул 3-даражадагы лицензия жол оңдоого гана укук берет, жол салганга укук бербейт.»Лонг Хай» компаниясында премьер-министр Темир Сариевдин жакын кишилери иштейт, ошондуктан бул компанияда Темир Сариевдин кызыкчылыктары бар. Ушул себептен «Лонг Хай» компаниясы тендерден миллиарддаган сомдорду чапчыган тендерлерди мыйзамдарды одоно бузуп утуп алып жатат. Азыр «Лонг Хай» компаниясы өзүнүн техникасы жана жол куруу тажрыйбасы, адистери жок болгондуктан эки кыргыз компаниясын жалдап алып жол салдырып жатат. Бул жолдордун сапатына ким жооп берет?», — деп баяндаган КР Транспорт министри Аргынбек Малабаев.
Булак: Кyrgyztoday.kg

Темир Сариев Транспорт министри Аргынбек Малабаевди кызматтан алуу боюнча президентке сунуш киргизди

Премьер-министр Темир Сариев КР Транспорт министри Аргынбек Малабаевди министрлик кызматтан кетирүү боюнча президент Алмаз Атамбаевге сунуш киргизди. Бул тууралу бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештин Балыкчы-Корумду жана Бишкек – аэропорт “Манас” жолдорун куруу боюнча тендердин мыйзамдуулугун текшерүү боюнча депутаттык комиссиянын отурумунда белгилүү болду.
Буга чейин КР Транспорт министри Аргынбек Малабаев премьер-министр Темир Сариевди баасы 8 миллиард сом турган аталган тендерлерди өткөрүүдө анын жеке коррупциялык кызыкчылыктары менен айыптаган. “Тендерди октябрда утуп алган «Лонг Хай» компаниясы ноябрда гана Мамархкурулуштан жана Юстиция министрлигинен 3-даражадагы лицензия алган. Бул 3-даражадагы лицензия жол оңдоого гана укук берет, жол салганга укук бербейт.»Лонг Хай» компаниясында премьер-министр Темир Сариевдин жакын кишилери иштейт, ошондуктан бул компанияда Темир Сариевдин кызыкчылыктары бар. Ушул себептен «Лонг Хай» компаниясы тендерден миллиарддаган сомдорду чапчыган тендерлерди мыйзамдарды одоно бузуп утуп алып жатат. Азыр «Лонг Хай» компаниясы өзүнүн техникасы жана жол куруу тажрыйбасы, адистери жок болгондуктан эки кыргыз компаниясын жалдап алып жол салдырып жатат. Бул жолдордун сапатына ким жооп берет?», — деп баяндаган КР Транспорт министри Аргынбек Малабаев.
Ал эми премьер-министр Темир Сариев Транспорт министри Аргынбек Малабаевди ушул эле тендерди мыйзам бузуулар менен өткөргөн деп айыптап, аны кызматтан алууну Алмаз Атамбаевден суранган.
Булак: Кyrgyztoday.kg

Аргынбек Малабаев, Транспорт министри: "Балыкчы-Корумду жолун куруу тендерин мыйзамды бузуп утуп алган кытайлык "Лонг Хай" фирмасында Темир Сариевдин жакындары иштейт"

“2015-жылдын 25-сентябрында премьер-министр Темир Сариев өкмөттүк жыйын өткөрүп, биздин Транспорт министрлигине жаңы жолдорду салууга тендерлерди өткөрүүнү тапшырды. Бул максатта 2016-жылга бюджеттен 8 миллиард сом бөлүнгөн эле”, – деп билдирди бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңеште Балыкчы – Корумду жана Бишкек – аэропорт “Манас” жолунун курулушундагы мыйзам бузууларды иликтөө боюнча депутаттык комиссияга жооп берип жатып КР Транспорт министри Аргынбек Малабаев.
“Быйыл күзүндө өтө турган “Көчмөндөр оюнуна” байланыштуу Бишкек – аэропорт “Манас” жана Балыкчы – Корумду жолдорун быйыл салып бүтүрүшүбүз керек эле. Биринчи маселе болгон Балыкчы – Корумду жолун салуу боюнча тендерди өткөрүү биздин министрликке тапшырылганы менен премьер-министр 2015-жылдын 13-октябрында министрликти аттап, акча каражаты түз эле Жол чарба департаментине бөлүп берилсин деп Каржы министрлигине буйрук берди жана Балыкчы – Корумду жолун курууга жооптуу кылып Жол чарба департаментин бекитти. Алардын үстүнөн көзөмөлдөө ишин премьер-министр өзүнүн аппаратына тапшырды. Эреже боюнча өкмөттүн справка-негиздемеси болуш керек эле, бирок мага, транспорт министрине ал кагазды көрсөтүшкөн жок. Ал негиздемеге менин орун басарым Улан Уезбаевдин колун койдуруп алышыптыр да Темир Сариев N 508-токтомду чыгарыптыр. Ал токтомдун негизинде Жол чарба департаменти өзүнүн буйругун чыгарып, тендердик комиссия түзгөн. Мыйзам боюнча тендер эки жума мурун жарыяланышы керек. Булар мыйзамды аттап 21-октябрга тендер жарыялашкан. Бирок, 21-октябрга чейин 2 Кыргызстандык компания жана 1 Түркиялык компания документтерин тапшырып, кытайлык “Лонг Хай” компаниясы үлгүрбөй калгандыктан мыйзамды одоно бузуу менен тендерди 22-октябрга жылдырышкан. Ушундан кийин гана мага менин орун басарым Улан Уезбаев маалымат берген (министрлердин орун басарларын премьер-министр гана дайындайт – ред.). Бирок, текшере келгенде ал маалыматтар так эмес чыкты. Мен өзүм иликтеп көрсөм кытайлар Улан Уезбаев жана Темир Сариевдин жакын кишилери менен сүйлөшүп, тил табышып алышыптыр. Ошондуктан алар кытайлык “Лонг Хай” компаниясынын кызыкчылыктарын коргоп жатышкан экен. Айтылгандай эле 22-октябрда тендерди кытайлык “Лонг Хай” компаниясы жеңип чыкты кылышкан. Бул фактыларды азыр премьер-министр Темир Сариев элден жашырып жатат. Биринчиден, мен өзүм Бишкекте болсом эмне үчүн мага кол койдурушпай менин орун басарыма кол койдурушат? Мекемелер аралык комиссия да Темир Сариевдин буйругу менен түзүлүп, ал буйрукта “министр жоопкерчиликти албаганына байланыштуу жоопкерчилик толук бойдон орун басарына өткөрүлүп берилсин” деп жазылган. Ошол, 12-13-14-октябрларда мен Бишкекте, өз иш ордумда эле болгомун. Булар менин министрлик ыйгарым укуктарымды чектеп, тендерди одоно мыйзам бузуулар менен өткөрүшкөн. Тендердик комиссиянын төрагасы Жумаш Соодонбаев (Жол чарба департаментинин башкы инженери) азыр түшүнүк кат жазып берген. Анда ал тендердик комиссияга өкмөттөн “ишти тез бүткөргүлө” деп эбегейсиз басым жасашканын жазган. Тендердик комиссия тендерге катышып жаткан эки кыргыз компаниясын “силер арзан жасай албайсыңар” деп түртүп салган, ал эми Балыкчы-Корумду жолун кытайлардан арзан салып берүүнү сунуш кылган Түркиялык компанияны “лицензияңар жок” деген шылтоо менен чыгарып салышып, кытайлык “Лонг Хай” компаниясын жеңүүчү деп аташкан. Бирок, “Лонг Хай” компаниясы да тендерге лицензиясы жок катышкан. Мыйзам боюнча мындай жолдорду салууга тендерге 2-даражадагы лицензиясы бар гана компаниялар катыша алат. Тендерди октябрда утуп алган “Лонг Хай” компаниясы ноябрда гана Мамархкурулуштан жана Юстиция министрлигинен 3-даражадагы лицензия алган. Бул 3-даражадагы лицензия жол оңдоого гана укук берет, жол салганга укук бербейт.”Лонг Хай” компаниясында премьер-министр Темир Сариевдин жакын кишилери иштейт, ошондуктан бул компанияда Темир Сариевдин кызыкчылыктары бар. Ушул себептен “Лонг Хай” компаниясы тендерден миллиарддаган сомдорду чапчыган тендерлерди мыйзамдарды одоно бузуп утуп алып жатат. Азыр “Лонг Хай” компаниясы өзүнүн техникасы жана жол куруу тажрыйбасы, адистери жок болгондуктан эки кыргыз компаниясын жалдап алып жол салдырып жатат. Бул жолдордун сапатына ким жооп берет?”, – деп баяндады КР Транспорт министри Аргынбек Малабаев.
Булак:Кyrgyztoday.kg

Кыргыз циркинин ардагерлеринин премьер-министр Темир Сариевге кайрылуусу

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сариев Темир мырзага
ЖКнын Социалдык саясат комитетинин төрагасы Садык Шер-Ниязга
Маданият жана маалымат министри Максүтов Алтынбек мырзага
Улуттук Кыргыз циркинин эмгек ардагерлеринин атынан
Өтүнүч, арыз
Урматтуу премьер-министр Темир Аргенбаевич!
Урматтуу Кыргыз Эл депутаты Садык Шер-Нияз!
Урматтуу министр Алтынбек Аскарович!

Биз, кыргыз циркинин эмгек ардагерлери, кол коюп Сиздер тарапка чоң үмүт менен кайрылып жаткандыгыбыздын себеби төмөнкүчө:
Биз менен өмүрү өткүнчө бирге иштешип көп жылдар бою үзөнгүлөш жүрүп, Кыргыз циркинин калыптаныптанышына опол тоодой салымын кошкон, маркум Жетимишбаев Болот Каленовичтин өмүрлүк жары Айнабүбү Деркенбаеванын азыркы оор абалу тууралуу болмокчу.
Биздин кесиптешибиз, Болот Жетимишбаев кыргыз жигиттеринен эң биринчи болуп, 1971-1975-жылдары Москва шаарындагы Мамлекеттик цирк жана эстрада искусствосу (ГУЦЭИ) боюнча окуу жайын бүтүрүп келип, өмүр бою Кыргыз циркинде эмгектенип, кыргыз өнөрүн бүткүл дүйнөгө таанытып келген көрүнүктү артист болчу. Ал өмүрү өткөнчө «буюрса үй берилип калат деген» үмүт менен, цирктин мейманканасынын №13 бөлмөсүндө жашап жүрүп, 1999-жылы инфарктан каза болуп аргасыздан сөөгүн ошол бөлмөдөн узаткан элек! Эми болсо азры анын жесири Айнабүбү Деркенбаева үйүндө жокто, 2016-жылдын 11-март күнү цирктин адмнистрациясы, эшигин талкалап киришип оокаттарынын барын тышка чыгарып салышкандыгы биздин жаныбызды кашайтты. Азыр Айнабүбү көр тирликтин айынан күндүз 1,5 жаштагы небересин багып, түнкүсүн бир магазинде реализотор болуп, ар-кимдин үйүндө баш калкалап аргасыздан эптеп өлбөстүн күнүн кечирип келе жатат.
Урматтуу, адам тагдырына кайдигер карабаган элдик жетекчилер!
Биз Кыргыз циркинин эмгек ардагерлери, маркум кесиптешибиз Болот Жетимишбаевдин жубайынын азыркы оор ахыбалын түшүнүү менен кабыл алып, өзүнчө үй бере албасаңыздар дагы мейманканадагы өзү жашап келген бир бөлмөсүнө жашаганга жардам берүүңүздөрдү көптөн-көп өтүнүп сурайбыз!
Кошумча: Маркум кесиптешибиздин 1991-жылы төрөлгөн жалгыз уулу Эрмек Болотов Турциядагы «Полицейский Академиясынын «Интерпол» факультетин бүтүп келип, өз кесиби беюнча иш таба албай ал дагы бош жүрөт.
Урматтуу Темир Аргенбаевич, мүмкүн болсо ушул жаш адисти дагы кызматка орнотууга жардам берүүңүздү да кошумча өтүнүп, сурайбыз!
Сиздер тарапка арыз менен кайрылган Кыргыз цирктин эмгек ардагерлери:
1. Кыргыз Эл артисти Эшимбеков. М тел: 0772149331
2. Таджибаева. К.Р тел: 0555213817
3. Акматов. М.М тел: 0772721149
4. Шамырова. Ж.С тел: 0555814827
5. Толтоева.С тел: 0551053805
6. Жузупов.А тел: 0554024009
7. Жумалиев.А тел: 0772908851
8. Тыныбекова. С
9. Эшимбекова. Д.Д
10. Эсентаев.Б.Б
11.Мамбетказиев.М
12.Токтогулов.С.
13. Токтогулова.С
14. Бериков.С
15. Берикова.К
16. Жумалиева.Б
17. Кулубаева.И
18. Кулубаев.Б тел: 0778479310
19. Таджиев.К ……..
жана башкалар….. тизме уланат!

Алмазбек Атамбаев 7-апрелди жумуш эмес майрам күн деп жарыялоо жөнүндө мыйзамга кол койду

Бүгүн, 6-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, “7-апрель – Элдик апрель революциясы күнү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Аталган мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бүгүн, 2016-жылдын 6-апрелинде кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий сайтына жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. Ошондой эле бул Мыйзам мамлекеттик расмий «Эркин тоо» газетасына эртең,  2016-жылдын  7-апрелинде жарыяланат.

Буга байланыштуу, эртең, 2016-жылдын  7-апрели жумуш эмес майрам күнү болуп саналат.

 

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: “Отунбаева менен Атамбаев 7-апрелде каза болгондорго квартира берип, ишти мурункуча эле алып барды”

– Эдил мырза, сиз 7-апрель окуясына салым кошкон, андан кийин Убактылуу өкмөттө жогорку даражадагы чиновниктердин бирисиз. Андагы эл үмүтү акталдыбы? Атамбаев бийлиги элди кай жакка алып баратат?
– 7-апрель жалпы элдин чоң жеңиш майрамы болуш керек эле. Тилекке каршы, андай эмес. Жүзгө жакын  балдар “мекенибиз Максимдин энчиси эмес” деп, аянтта баатырларча туруп эркиндикти алып беришти. Бирок алты жыл кийин бул күн Алмазбек Шаршенович түрмөгө камалбай, резиденцияга барып жашап калган күн катары эле белгиленбесе, көзгө көрсөтөрлүк жетишкендиктерибиз жок. Биз бир үй-бүлөнүн бийлигин бир ууч байлардын тобуна алмаштырып ийдик. Тарыхта бул эң коркунучтуу жана элдин кызыкчылыгына каршы  көрүнүш болуп калды. Анткени, азыркылар мамлекеттин келечегин ойлошпойт, мына бүгүн бир пайда көрсөм болду деген эле ой. Жырткычтардын заманы. Латын Америкада жана Африкада мындай режимдерди “компрадор” деп коет. Демократия лозунгдары менен жамынышып, элдин бийлигинин жыты да жок. Мына эмесе, жакында эле баш калаабыздын мэрин шайлаганда, бир да парламенттеги жетекчилер менен кеңешип да койгон жок, бир да суроо берилбестен авторитардык ыкма менен дайындап коюшту. Ошол эле көрүнүш мына азыр Сариевтин тегерегинде болуп турат. Ал киши өзү шайлоого катышпастан эле, эмнегедир бир добуштан премьер болуп бекитилген. Жарым жыл өтө элек, аны дайындаган автор Атамбаев кайра айнып, башка бирөөнү дайындайт экен. Эл менен кеңешпейт, бирок фракция жетекчилери дагы “кыңк” дей алышпайт. Текебаев Акаевтин парламентинде кандай ажылдачу эле. Азыр болсо биздей эле гезиттен маалымат алып, “аа, ошондой чечилген турбайбы” деп отурат. Мындан майда-чүйдө маселелерди айтпай эле коеюн. Ошондуктан, жок, элдик бийлик орной элек. Биз бийликти компрадор-олигархтарга алдырып ийдик. Атамбаев ошолордун башын сылап, “мына элдин өкүлдөрү” деп отурат.
Кече күнү айдан түшкөнсүп Отунбаева “Азаттыкка” интервью бериптир: “Украинада “небесная сотня” деп даңазалай алышты балдарын, бизде болсо каргышка калышты 7-апрелдин баатырлары”- деп таң калат. Эмне үчүн деген суроосуна мындай жооп берет элем: анткени сиз, Алмазбек Шаршенович экөөңөр, 7-апрелдин баасын үй бүлөлңөрүнө квартира таратып кутулдуңар дагы, мурункуча эле ишти алып бардыңар, башка өлкөлөрдө революциянын үзүрүн жалпы эл көрө алды.
Ч. Кутманалиева,
Булак: “Майдан.kg

Кайып Шери, коомдук ишмер: “Акаев-Бакиев учурундагы система, көрүнүштөр кайра түзүлдү”

– Оппозициянын айрым лидерлери камалып, алы кетип калгандай болду. Бул жолу “оппозицияны Досалиев сатып кетиптир” деген билдирүүлөр да таркатылды. Бул жөнүндө кандай ойдосуз?

– Менин укканыма караганда, ошол Досалиевге кылмыш ишин ачабыз деп, анан “Эгер сен оппозицияны бытыратканга жардам берсең, сенин күнөөң кыскартылат”,- деген шартта, оппозициянын ичине киргизилген деп жатышат. Дагы бир маалыматтар боюнча, анын атасы Досалиев Президенттин аппаратында котормо бөлүмүндө  эмгектенет дешет. Ал эми эжеси Бүбүкан Досалиева илгертен “Азаттык” радиосунда иштеп келатат. Көрдүңүзбү, айланып эле “Азаттык” радиосуна келип түшөбүз. Менимче, УКМК “Азаттык” радиосун өзүнчө база кылып алгандай. Ушул радионун кызматкери У.Эгизбаев, УКМК төрагасы А.Сегизбаев жана президент А Атамбаевдин биринчи аялы Бүбүажарды аталаш бир туугандар экен деп айтышууда. Анан “Азаттык” сөз жок президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана жакындарынын көзөмөлүндө калат да. У.Эгизбаев аркылуу “Азаттыктын” бардык кызматкерлери УКМК иштерине тартылып, андан соң кызмат кылгандары үчүн булар жакшы кызматтарга жылдырылып, иттери чөп  жеп келатат.  Мындайча  айтканда, баягы эле Акаев-Бакиев учурундагы эле система, көрүнүштөр кайра түзүлдү.

– Бүгүн өлкөнү 6 киши башкарып жатат, анын бири криминалды башкарып, Ж.Бакиевдин образын жаратууда деп да айтылып атат. Бул канчалык чындыкка жакын? 

– Чынында эле, мамлекет тагдырын 5-6 киши чечип жаткандыгын айтышат. Булардын ичинен эң эле дымактуулары анын “шоопуру” менен өзүн мураскер сезген УКМКнын жетекчиси А.Сегизбаев экени белгилүү. Бүгүн саясаттын көпчүлүк бөлүгүн ушул экөө жасайт дешет. “Шоопур” Э.Мамбеталиевдин досу, ал эми А.Сегизбаев менен Э.Мамбеталиев тууган, экөө бир уруктан. Кыргыздын шартында булар бири-бирин колдошу мүмкүн.

Анан калса, А.Сегизбаевдин УКМКга келиши Бакиевдин учурундагы Ж.Бакиевдин УКМКнын төрагалыгына келиши менен өтө окшош. Б.Табалдиев өзү ордун бошотуп берип жатпайбы. Бүгүн айрым генаралдардын айтуусу боюнча, А.Сегизбаев бул жабык аскердик органды саясий мекемеге айландырып алды. Өлкөдөгү ар бир саясий ишке тымызын кийлишип, интригаларды жасап жаткандыгын айтышууда. Министликтердин, башкармалыктардын, бөлүмдөрдүн  башчыларына чейин кийлигишип, өз кадрларын коюп жатат имиш. Кыязы, президенттик шайлоолорго даярданып жаткандай.

А.Сегизбаев УКМКга келгенден бери бул органдын ишмердүүлүгү өзгөрүп,  өлкөдө  ар кандай заказдык жана “подставалык”  иштер көбөйдү. Анын көбүн далилдөө кыйын. Заказдык иштердин көбү “Азаттык” радиосунун журналисттеринин жардамы менен жасалды.  Т.Акимов да журналист экенин унутпайлы. Бектур Асанов, К.Кадыров, Д.Сарыгуловдордун камалышы да “Азаттыкта” иштеген Б.Досалиеванын иниси аркылуу болуп жатканы эле чоң нерсенин сырын ачып турат. Мына ушуларды эске алганда эле, А.Сегизбаев УКМКны банкрот кылып, коомчулукка уят кылып жатканы ачык болуп жатпайбы. Мындан башка, А.Сегизбаев “Азаттык” радиосун өкүл атасы “Соростун” байланыштары аркылуу АКШнын Мамлекеттик департаментинен “кыздын калынына” келген “баштай” эле пайдаланып жатат.

Мындан башка күч колдонуп, жок кылуу да байкалууда.  Мисалы, кылмышкерлерди СИЗОдон качыруу үчүн атайы операция болгондугун айтышат. Анан алар жок кылынды. Кийинчерээк, дагы эки жай турмуштагы баланы (бири качкындын бир тууганы) түнкүсүн УКМК сотсуз эле, атып салып, “экстремисттер” деп  атап коюшту.

– Бийликтин дагы кандай интригалары боюнча  кабарыңыз бар?

– Президенттин тегерегиндеги 5-6 киши саясат жүргүзүп, белгилүү, аты чыккан саясатчыларга каршы интрига, кутум уюштуруп жаткандыгын алсак болот. Мисалы,  А.Эркебаевдин кызына, прокурор Мамакеевге, А. Муралиевдин баласына интрига уюштурулган.  Мисалы, Алтынбек Муралиев президенттин Аппаратынын тышкы иштер бөлүмүнө жетекчи болуп келет деген «миш-миштер» чыккандан кийин, ага карата саясий заказ уюштурулган экен. Мунун артында С.  Исаковдун кулагы чыгып турат деп да жатышат.

“Азаттык” радиосунун Прагадагы башчысы Венера Сагындык кызы да президенттин биринчи аялынын кланынан деп коюшат экен. Балким, ошого “Азаттык” радиосу бул жолу Унгар -Тоо проблемасын анчейин курч көтөргөн жок. Мурда Каркыра, Үзөңгү- Кууш маселелерин радио өтө катуу кабылдап, күн сайын бул темадагы жаңы материалдары чыгарып жатып, өтө күчтүү коомдук пикир жараткан эле. Бул жолу “Азаттык” анчалык деңгээлге жеткире алган жок. Жеткирүүнү  да каалабады окшойт.

– Ошондо, мамлекеттеги маалымат каражаттарынын айрымдары бийликтин алаканы астында калды деп айтууга болобу? Балким, бул жерде сиз айткандай кландык байланышка басым жасоо деле жоктур.

– В.Сагындык кызын президенттиин биринчи аялынын кланынан деп айттым. Ал эми Жыпар Жекшеев Бакиев учурунда “ЮНЕСКОдогу” өкүлчүлүктү жетектеп туруп, «Манасты» Кытайга алдыртып жиберген. Бирок, азыркы бийлик ага карабай, “Манас” ордени менен сыйлады. Кландык кызыкчылык жок болсо, каяктан бермек эле. Мына, ошол эле кландагы С.Аламанов, Э.Асаналиев Тышкы иштер министрлигинде кеңешчи болуп отурушат. Ал эми И.Карыпбеков КТРКде башкы директор. Ошондуктан, бүгүн Унгар-Тоо болобу, башка болобу,  туура маалымат алуу оңой  болуп калды. “Азаттык” радиосу  бүгүн өкмөттүк радиодон айырмасы жок болуп калбадыбы. Аны  экинчи  өкмөттүк ММК деп коюшат. Булар жалпы элдик кызыкчылыктан, кландык кызыкчылыкты өйдө коюп келатышат. Анан ошого мамлекеттик сыйлыктар да ушул сымал адамдарга, кошоматчыларга  ыйгарылып жатат да.

– Бирок, Унгар- Тоо маселеси башка ММКлар аркылуу жетиштүү эле чагылдырылып жаткандай?

– Ооба, туура айтасыз. Унгар- Тоо маселесин көпчүлүк өкмөттүк эмес ММКлар өтө жакшы, курч чагылдырып жатышты. Ошонун негизинде оппозиция бул маселеге,  деги эч нерсеге жараксыз парламенттин да көңүлүн бурууга жетишти. ЖКнын комитети аны кароого аргасыз болду. Комитет аны карап, 20-апрелге чейин укук коргоо органдарына бул боюнча териштирүүлөрдү  жүргүзүп, маалымдоосун тапшырыптыр. Жыйынтыгын күтүп жатабыз. Ошого 30-мартта уюуштурулуучу митингди, 20-апрелеге жылдырып койдук.
– Унгар- Тоо боюнча айрым саясатчылар өкмөттүн позициясын колдоп атышат. Мисалы, Т.Мамытов, Э.Каптагаев.
– Мен ким кандай позицияда экенин  угуп жатам. Бирок, айтып коюш керек, ушул эле Т.Мамытов, Э.Каптагаевдер Каркыраны сатышкан да. Булар бул маселелерди алдын ала эле айтып чыгышып, коомдук пикир түзүшүп, бийликке жардам беришкен. Ал эми А.Мадумаровдун билдирүүлөрүндө Каркыраны парламентсиз эле, бул маселени  караганга чейин эле, ошол кезде Ысык-Көл областынын жетекчилиги, анын ичинде Э.Каптагаев кол коюп, сатып жибергенин айтып чыкпады беле. Т.Мамытов чек ара боюнча июнь окуяларын иликтегенден кийин, сыйлык катары вице-премьерликти алып, чек араны көзөмөлдөгөн. Ошол маалда Ташкентке ат тезегин кургатпай каттап, түнөп келген күндөрү  да болгон. Анда Өзбекстан Кыргызстанга газ бербей жаткан эле.  А.Бекназаров өз билдирүүлөрүндө Унгар-Тоону бийлик газ маселесин чечүү үчүн Өзбекстанга беребиз деп кол коюп берип койгондуктарын кыйытты.
– Премьер алмашат деп жатышат. Алмашса абал кандай болот деп ойлойсуз?
– Менимче, оппозициянын аракеттери менен премьер-министр  Т.Сариевдин үзөңгүсү үзүлдү, көчүгү кыйшыйып калды.  Бирок, Сариев далайды алып жатат окшойт. Кетээри бышык. Менин баамымда, бүгүн Кыргызстанга саясий былыктардан, кландык, аймактык бөлүнүштөрдөн алыс турган, салмактуу, мамлекеттик иште бай тажрыйбасы бар, элдин турмушун оңдоого дарамети чоң экономист, коңшу өлкөлөр  менен тең ата сүйлөшө ала турган саясатчы келсе туура болмок.
Ч.Токтобеков,
Булак: “Майдан.kg”

Жанарбек Надырбеков, Аксы райондук депутаты: “Маданият үйүнүн кулап түшүшүнө Бакиевдердин тиешеси жок”

“Аксы районуна караштуу Жаңы-Жол айыл өкмөтү маданият үйүнө жана бала бакчага муктаж”, — деп билдирди бүгүн, 6-апрелде Кyrgyztoday.kg маалымат агенттигине  Аксы районунун жергиликтүү депутаты Жанарбек Надырбеков.

“Президенттин жарлыгы менен 2016-жыл «Тарых жана маданият» жылы деп белгиленген. Ошонун шарапаты менен ушул жылы биздин Жаңы –Жол айыл өкмөтүндө маданият үйү тургузулуп калса жакшы болот эле. Анткени бул маданият үйү 1962-жылы тургузулуп, 2007-жылы жарактан чыккан дагы 2011-жылы толугу менен кулап түшкөн. Белгилеп кетүүчү негизги нерсе, маданият үйүнүн кулап түшүшүнө Бакиевдердин тийшеси жок, себеби учурда өткөн бийликти күнөөлөө салтка айланып бара жатат. Маданият үйүнүн имаратын тургузуу боюнча токтолсом, биздин жергиликтүү айыл өкмөттөрү, бийликтин жана депутаттардын барбаган жери калган жок, бийлик тарабынан эч кандай жооп болбоду”, — деди жергиликтүү депутат.

Эске сала кетсек, Жаңы-Жол айыл өкмөтүндө жалпысынан 7 168 (жети миң бир жүз алтымыш сегиз) калк жашаса, тарыхый инсандары Токтогул сүйгөн Алымкан жана маркум коомдук ишмер Макен Сыдыков, Убактылуу Өкмөттүн тушунда Жогорку Соттун төрагасы болуп турган Кубанычбек Момбеков, обончу жана аткаруучу Жаныш Кочкоровдордун айылы.

ураган мад

ураган мад 2

Гүлжан Шерипбаева, Кyrgyztoday.kg

Кыргыз өкмөтүнүн боорун ооруткан Максим Бакиев

КСДП фракциясынын депутаты Эльвира Сурабалдиева мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев 6-апрелден тарта жазадан кутуларын айтып чыкты. Анын  билдиришинче, Кыргызстан жалдаган Улуу Британиядагы адвокат кыргыз өкмөтү Бакиевге каршы доодон баш тартканын айткан.

Кыргыз мыйзамдары боюнча экономикалык кылмыштардын мөөнөтү алты жылда эскирет. “Мен Улуу Британия менен Кыргызстандын парламенттер аралык достук тобунун башчысы катары ошол жакка барып келдим. Максим Бакиев тууралуу сураганымда адвокаттар кыргыз өкмөтүнүн Бакиевге каршы доодон баш тартканын айтышты. Өкмөт мындай чечимин лондондук жактоочулары төлөп бергидей акчасы жок экендиги менен түшүндүрүптүр,– деди Сурабалдиева. Ал эми Өкмөттүн соттук өкүлчүлүгүнүн өкүлү Мирлан Дордоев депутаттын дооматын четке кагып, Максим Бакиевди жоопко тартуу боюнча иштер уланып жатканын билдирди. Ошентип Улуу Британия бийлиги менен соту Кыргызстанды каакым ордуна да көрбөй тургандыгын, бир мамлекеттен бир адамды жогору коңрун далилдеп койду. Биздин ак үйдөгүлөр эми эмне дешээр экен?

Булак: “Майдан.kg”

Илим Карыпбеков продюсерге бир кыздын эмес, он кыздын абийирин булгаганда гана чара көрөт экен

Кыргызстанда карапайым элдин жонун тилип алынган акчага каржыланып, жалаң бийликке кызмат кылган жана оппозицияны шыбаган, жөн эле шыбабай, жерден алып көргө, көрдөн алып ташка урган, өз аты унутулуп,  “кара жащик” аталып калган, эски аты КТРК деген телеканал бар.

Көрсө, саясый жактан бузулган бул каналда иштегендер моралдык жактан да бузулуп бүтүптүр. Алардын эфир менен экранды “шабашкага” айланткан колу туткактыгын, трайбализм орногон бөлүнүп-жарылуусун айтпай ак  коңлу, практикага келген жаш кыздарды “эфирге чыгасың” деп алдап, төшөк кумарын кандырган аңгилери да бар экен. Жакында ошол “өнөр” менен алектенип жүргөн бир продюсердин “төшөк оюну” ачыкка чыгып, аны биздин гезит коомчулукка жарыялаган болчу. Бирок баарынан таң каларлыгы, он гүлүнөн бир гүлү ачыла элек секелек кыз абийири булгангандыгы боюнча башкы директор И.Карыпбековго кайрылса, ал “знать не знаю” деп кубалап чыгыптыр. Көрсө, ал бир эле факты үчүн “таланттуу” кызматкерин жумуштан кетире албайм дептир. Жок дегенде 2-3 арыз түшүш керек экен. Эфирге чыкпай калганы аз келгенсип, намысы да тебелегенген кыздын арыз-арманына Байкоочу кеңеш да жарытылуу жооп бербегендиктен, ал айласы кетип, милицияга арыз жазыптыр. Андан көрө “кара жащиктеги” далай интригиларды жакшы билген мурдагы директору, азыркы Акыйкатчы К.Оторбаевге да кайрылса болмок экен…

 

Булак: “Майдан.kg”

Айтикеев Жаныш Бакиевдин сырларын чубап чыкканда бийлик эмне болоор экен?

Азыркы кыргыз бийлигинин чекесине чыккан чыйкан болуп келаткан белгилүү курч журналист Адилет Айтикеев бул ирет алыскы Минскиге барып, ал жакта жашап жаткан айтылуу Жаныш Бакиев менен беш саат кенен маектешип келиптир. “Тойдун башталганынан да башталары кызык”,- демекчи, анын бул маеги жарыяланбай жатып эле жалпы коомчулуктун бүйүрүн кызытууда.

Анткени өз өлкөсүнөн куулгандыгына алты жыл болсо да Бакиевдердин ичинен “серый кардинал” аталган Жанышы эч бир өз пикирин айта элек болчу. Канткен менен анын маеги Осмон империясын баяндаган “Даңазалуу доор” сериалындай эле “кызыктуу” болорунан шек жок. Сыягы, азыркы бийликтегилерге тиешелүү да далай “секреттер” ачыкка чыгат окшойт. Андыктан алар Адилеттин оозун жабууга аракет кылары белгилүү. Бирок Ак үйдүн тузагына да, тасмасына да түшүп такшалган кесиптешибиз алдын ала бийликтин жалданма журналисттерине “Жолугушууну Алманбет деген адам эмес, Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиев уюштурду. Эртең менен 9да барып, 5 сааттан ашык маектешип, кайра түштөн кийин 15:00гө жакын чыктым. Абдан муздак, тек гана курч суроо-жооптон турган интервью болду. Эч кандай тамак да ичпей, кайра эле жолго чыктым. Бу менин өрдөкчү кесиптештерим өздөрү бийликтен 200-500 миңден акча алып жүрүп мени да ошондой элестетишет окшойт”,- деп эскертти.

Булак: “Майдан.kg”

Акаевге да, Бакиевге да бербеген кызматтык батирди Атамбаевге беремби дейт Анвар Артыков

Азыркы депутаттар былтыр шайлоо алдында эгер шайланып калышса, баардыгы үй, кызматтык машина сыяктуу сый ургалдардан баш тартыша тургандыгын айткандыгы кулагыбызда дале жаңырып турат. Бирок жарым жыл иштесесе да эл өкүлдөрү өлкөбүздүн турмушуна керектүү мыйзамдарды жаза элек. Анткен менен келер менен эле кымбат кресло, килем сатып алууга миллиондогон сомдорду бөлүп, таң калтырган.

Эми кезек үйгө келип, депутаттыкты менчиктештирип алгандай өмүр боюу шайланып келген, анын арты менен бир топ байып алгандары “итке минген томаяк” болуп чыгышты.  Баарынан кызыгы, буга чейин төрт жолку депутат Анвар Артыков үйү жок, “бомж” болуп чыкты. Көрсө, 6-чакырылыштын эң улуу депутаты кызматтык батирди мындан 20 жыл илгери эле алып, кызына энчилеген экен. “Ооба, эки кабат менчик үйүм бар, жаңы кургам. Бирок кызматтык батирди 20 жыл мурда эле сый акы катары беришкен. Азыр анда кызым эки баласы менен жашайт. Буга чейин Акаев да, Бакиев да тартып алгысы келген, бирок сотто утуп алгам. Ошолор ала албаган азыркылар тартып алмак беле? Бул маселени айрымдар упай топтош үчүн атайын чагым катары кайра көтөрүп жатышат”,- деп каңырыгы түтөп айтты. Эми калганын арманын укпай эле коёлу.

 

Булак: “Майдан.kg”

Кыргызстан революция күнүн белгилейт

Жогорку Кеңештин конституциялык түзүлүш жана соттук-укуктук маселелер боюнча комитети 7-апрелди эс алуу күн катары белгилөө боюнча мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу парламенттен кабарлашты.

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев 4-апрелде “Аксы окуясынын, Март жана Апрель элдик революцияларынын атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, 7-апрелде майрам күн катары эс алуу сунушу парламентке жөнөтүлгөн. Мындан тышкары ар жылы 17-мартты Аксы окуясын, 24-мартты элдик ыңкылапты эскерүү күнү катары белгилөө сунушу өкмөткө берилген

Темир Сариев кызматтан кетти деген калп, бирок кетээрине саналуу күндөр калды!

Темир Сариев кызматынан кетиптир деген маалымат бүгүн, 1-апрель күнү интернет булактарында жаңырды. Буга 1-апрелде тамашага салып ушундай маалыматтарды таратуу өнөкөтүн бар экенин унутуп калгандары ишенип, алар “Темир Сариевдин кызматтан кетиши күтүлгөн окуя” деп кабыл алышты.

Анткени, Темир Сариев Кыргызстандын кайсыл жеринде өрт чыкса ошол жерди барып басуу менен гана алектенип, аларды алдын алуу иштери менен аракети жок экенин көп айта башташты. Экинчиден, Сариевдин эң чоң кемчилиги бул Евразиялык Экономикалык биримдике киргенден кийинки жакшы пайда алып келе турган мүмкүнчүлүктөрүбүздү колдоно албай жатканы.

Буга премьер-министр түздөн-түз жоопкер. Өкмөт башчылар жооп бере турган күн келээрде эле кызматынан кетип кутулушаарын коомчулук деле жакшы билип калды. Бир жылга жакын өкмөт башчылык кызматты аркалаган Темир Аргенбаевичтин дагы жалпы ишинин жыйынытыгы үчүн жана ЕАЭБге киргенден кийин “асманды алып берем” деген убадалары үчүн жооп бере турган күн жакындады. Ошондуктан өкмөт башчы кызматтан кетти деген маалыматты укса эл күтүлө турган окуя катары кабыл алышат.

Булак: “Эгемен”

Меню