Menu

Өкмөттөн тендерлерге кимдер кызыкдар? Асфальттын астында калган акчалар...

Буга чейин Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду автожолун реконструкциялоо жаатында афералык иштер болуп атканы, буга өкмөттүн тиешеси бар экени айтылып келген. Эми бул боюнча ачык маалымат чыгып, коомчулуктун бүйүрүн кызытып туру. 

Балыкчы-Корумду унаа жолун оңдоо боюнча 2015-жылдын октябрь айында тендер өткөн. Болуп өткөн тендердин жүрүшүндө одоно мыйзам бузуу фактылары аныкталгандыгын Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан түзүлгөн комиссия да аныктаган. Октябрь айында өткөрүлгөн убакта тендерди юстиция органынан каттоодон өтпөгөн кытайлык фирма утуп, качан гана тендерди утуп алган соң, ноябрь айында гана атайын органдардан каттоодон өтүп, декабрь айында гана жол курууга 3-даражадагы лицензия алган. Эл өкүлү Канатбек Исаев өз убагында буларды билдирген: “Негизи стратегиялык багыттагы жолду курууга 2ден кем эмес даражадагы лицензияга ээ компания утуш керек эле.Ал эми 3-даражадагы лицензия жолдун уңкур-чуңкур, тешиктерин жамап-жаскоого гана берилет. Кызыгы, LONGHAIатту Кытайлык фирма лицензиясы жок туруп эле тендерге катышып, андан өткөн сон гана лицензия алып отурат. Болгондо да 3 даражадагы лицензия. Бүгүн аталган жолду тийиштүү лицензиясы жок Кытай фирмасы куруп келе жаткандыгы өкүнүчтүү”.

Ал эми ошол отурумда комиссиянын дагы бир мүчөсү Өмүрбек Текебаев “Аталган Кытайлык компаниянын өкүлү Азамат Жунушалиев деген жигит сиздин айылдашыныз экени чынбы?” деп Малабаевге суроо бергенде, министр мырзанын “айылдашым экени чын. Аны кокустан билдим” деп жооп бергени да кызык болууда. Албетте, кокустуктар болот, бирок мындай чоң акчалар айланган жердеги кокустуктар көптөрдү ойлонтуп коюда. Баарынан кызыгы, өзүбүздүн атамекендик фирмалар 1 миллиард 200 миллион сомго арзан жол куруу сунуш кылганына карабастан, 1 миллиард 200 миллион сом кымбат берген Кытайдын фирмасы утту деген тендердик комиссиянын мүчөлөрү чечим кабыл алышкан.

Мамлекетке олчойгон зыян келтире турган мындай шектүү тендердин артында кимдер турат, мына ушу кызык болуп атат? Өкмөт башы кайда карап жүрөт? Бул чырдын учугун териштирген өкмөттө өкүлдөр барбы деги? Баса, кечээ Ысык-Көлдүн тургундарыбыз деп бир ууч топ митинг сыяктуу чогулуш өткөрүп, “Исаев менен Текебаев мырзалар, мыйзамсыз тендерден колуңарды тарткыла, жолдун курулушуна тоскоол болбогула” деген сыяктуу чакырыктар ташталган виделор пайда болду.

Сокур кишиге деле көрүнүп турат, бул митинг сыяктуу болумуш эткен жыйындын өтүшүнө кимдир бирөөлөр кызыкдар экенин. Балким өкмөт башы Темир Сариев өзү болуп жүрбөсүн? Же Малабаев айыбым ачылып калды деп жанталашып карапайым адамдарды колдонуп атабы? Карапайым жашоочулар тендер деген жети баштуу желмогуз экенин аки-чүкүсүнө чейин кайдан билишсин? Айтор, өкмөттөгү алешем иштер казынаны да кургуйга түшүрмөй болду окшойт…

Алга Адилетов

Азат Базаркуловдун максаты "Мегакомду" банкрот кылып, сатуубу?

«Мегакомду» сатуу аракетине коомчулук нааразы. Ушунун баары кирешелүү ишкананы жетектеп жаткан Азат Базаркуловдун иштин көзүн билбеген мажүрөөлүгүнүн кесепетинен чыгууда. Алмаз Абеков айткандай, «Мегакомго акча кайдан келет» деп көзүн кызарткан Базаркуловдун кылыгы ишкананы сатууга түрткү болууда. Бул эргулду алмаштырып, менеджментти мыкты түшүнгөн адам келип, ишкананы сатпай эле заман талабына шайкеш иштетсе болоорун адистер коңгуроо кылып кагып жатышат.
«Мегакомдун» техникалык инфраструктурасы абдан күчтүү экенин, анын базасында бир нече «Электрондук өкмөт» «Мегабилим», «Телемедицина», «Телебилим» сыяктуу улуттук долбоорлорду ишке ашырса болоорун айтышууда. Азат Базаркулов болсо телекоммуникация тармагында адис болбогондуктан, эч нерседен түшүнүгү жок. Ушул «Мегакомду» сатмакчы болушуп эле, баасын бычып берген «All-Star» жана «Эрнст энд Янг» компанияларына 16 887 850 сом төлөп берип отуруп калды. Мамлекет 17 миллион сомго зыян тартты. Базаркулов эч нерсе болбой отурат. Жоопкерчилик деген болуш керек го.
Булак: Фабула

Руслан Бекназаров, жаш саясатчы: “Протоколдун кайсынысы туура экендигин аныктап, көз карандысыз экспертиза дайындоо керек”

“Аксы районунун Кербен шаардык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 21-сессиясындагы кабыл алынган токтом. Бул токтом Өкмөттүн «чогулуш протоколунун» негизинде келген тапшырмага ылайык, кезексиз сессияда кабыл алынган. Азыркы убакта Өкмөт ал протоколду жокко чыгарып, башка варианттын көрсөтүүдө. Бул боюнча кылмыш иши козголуусу керек деп эсептейбиз. Протоколдун кайсынысы туура экендигин аныктап, көз карандысыз экспертиза дайындоо керек. Кербен шаардык кеңеш Өкмөттүн түзмө-түз протоколунун негизинде ушундай токтом кабыл алган. 22 депутат адашып калгандай баарысын билимсиз дейсиздерби? Арасында мектеп директорлору дагы бар. Мамлекеттик телеканалдар болушунча маалыматты бурмалап, элге туура эмес маалымат таркатууда. Кудайдан корксоңор боло, акыретте сурак бар”,-деп  жазып калтырган жаш саясатчы Руслан Бекназаров өзүнүн Facebook баракчасына.

Эске сала кетсек, Темир Сариев 2015 – жыл 11-ноябрда  18-177 номерлүү буйрукка өзү кол коюп, Унгар-Тоодогу РРС-24 Кербен станциясын Унгар-Тоонун таандыгы аныкталганга чейин башка жерге көчүрүү сунушун берген. Бул сунушка Аксы районунун жергиликтүү депутаттары кезексиз жыйын өткөрүп, 22 депутат Үңкүр-Тоосундагы станцияны жылдырууга “каршы” добушун берген.

Гүлжан Шерипбаева, Кyrgyztoday.kg

Казыгурттук «жихадчылар» Назарбаевди опузалашууда

Түштүк-Казакстан облусунун Казыгурт районунун Сирияга үй-бүлөсү менен көчүп кеткен жашоочусу Марат Мауленов Казакстандын бийлигине видеокайрылуу жасады. Видеоролик WhatsApp аркылуу таратылууда.

Төрт мүнөттүк видеороликтин башында куралы бар сакалчан адам башка дагы бир куралчан адам менен кошо “Казакстан жергесине жүрөктөн чыккан кайрылуу” жасап жаткандыктарын айтат. Казыгурттун айрым жашоочулары бул адам Марат Мауленов экендигин таанышкан. Ал эми экинчи адам өзүн Орск жашоочусу Ринат Жумабековмун деп тааныштырат.

Кайрылуу орус тилинде жасалган. Алар “халифат жергесине” үй-бүлөлөрү менен бирге көчүп келишкендиктерин жана мында балдарды шариатка ылайык окутуп жатканын айтышат. Мауленов Казакстанды «Каапырстан» деп атап, “демократия жана шайтан үчүн эмес, Аллахтын сөзүн ардактоо үчүн күрөшүп жатам” деп билдирген.

Былтыркы жылдын сентябрында45 жаштагы Марат Мауленов үй-бүлөсү менен Сирияга сапар алганы жөнүндө маалымат пайда болгон. Анын кошуналары Түштүк-Казакстан облусундагы Казыгурт айылындагы Ораз Жандосов атындагы метепте орус тилчи болуп иштеген Марат Мауленов жубайы жана алты баласы менен Бишкекке кийим-кечек алуу үчүн кеткендигин айтышат. Мектептин директору ал мугалим иштен бошотулгандыгын кабарлады.

Турсунбек Акун, экс-Акыйкатчы: «УКМК оппозициянын сөзүн тыңшап, Конституциянын нормаларын бузгандыгы үчүн Генпрокуратура кылмыш ишин ачыш керек”

1948-жылы ООН тарабынан кабыл алынган «Адам укуктарынын жалпы декларациясынын» негизинде адамдардын жеке сүйлөшүүсү, өз ара пикир алышуусу купуя сыр катары саналат.
Аларды эч ким жашыруун жаздырып алууга жана ачыкка чыгарып коомчулук жар салууга акысы жок. Мындай аракет эл аралык келишимдерди, адам укугу боюнча эл аралык нормаларды одоно бузгандык болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Конституциясында да адамдардын ортосундагы купуя сыр жашыруун сакталышы тууралуу ачык жазылган.
Ал эми Кыргыз Республикасынын коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жогорудагыдай эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын беренелерин одоно бузуп, оппозициялык лидерлердин ортосундагы өз ара сүйлөшүулөрдү жаздырып алып эч кандай ийменбестен коомчулукка жар салды. УКМК мына ушундай аракети менен адам укуктарын одоно бузуп, Кыргыз Республикасынын жарандарынын ички ишине кийлигишип, алардын купуя сырларын ачып, кылмыш иш кылууга батынды.
УКМКнын мына ушундай МЫЙЗАМСЫЗ АРАКЕТИНИН НЕГИЗИНДЕ ОППОЗИЦИЯ ӨКҮЛӨРҮ Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров кармалып жана Эрнест Карыбеков камалып эки айга эркиндигинен ажыратылды.
Мындай аракеттери үчүн Башкы Прокуратура УКМКнын жетекчилигинин жана кызматкерлеринин үстүнөн кылмыш иш козгоп тиешелүү тергөө иштерин баштоосу керек эле.
Тилекке каршы, Башкы Прокуратура тарабынан азырынча мындай аракеттерди байкай элекпиз.
Кыргыз Республикасынын Президенти жалпы элдин атасы катары КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫНА КАРАТА УКМКнын МЫНДАЙ ЧЕКТЕН ЧЫККАН АРАКЕТИНЕ, Эл аралык келишимдерди одоно бузгандыгына так БАА БЕРИП, аларга КАРАТА ТИЕШЕЛҮҮ чара көрүш керек эле.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институту да Улуттук коопсуздук комитети тарабынан одоно укук бузууга жол берилип жатса да ушул убакка чейин унчугуп койгон жок.

Турсунбек Акун, экс-Акыйкатчы

Парламентте кайрадан “Кумтөр” каралат. Башкасы унутулат

Кийинки жумалар менен Өкмөт менен парламент экөө биригип, “Кумтөр” кенин иштетүүнү  реструктизациялоо боюн­ча маселени караганы турушат. Азырынча, парламенттин депутаттары канадалык компания менен ары же бери болобуз деп демдүү турушат. Бирок, маселе каралып баштаганда эле “өңдү көрсө көрсө жүз тайды” мамилелер орун алып, депутаттардын көбүооз ачпай, кээ бири тескерисинче “ушуга деле тобо кылалы” деп чыга келишчү эле. Баарынан кызыгы, буга чейин өкмөт башчы болуп турганда “Кумтөргө” даап тиш сала албай койгон азыркы оппозициялык фракция лидери Өмүрбек Бабановдун позициясы кандай болот, ошол кызык. “Бирболчулар” го, аздыр-көптүр өздөрү да “Кумтөр” менен эски тааныш…
Булак: “Фабула”

Өкмөттүн өпкөсүн Үңкүр-Too үзөбү же Үңкүр-Too аймагын өкмөт жең ичи­нен сатып жибереби?

Аксы тараптан соккон катуу жел өкмөттүн өпкөсүнө түз эле барып тийди окшойт. Айтса айтпаса төгүнбү талашта турган Үңкүр-Тоонун чокусунда жайгашкан теле мунараларды көчүрүү керек деген өкмөттүн токтомуна каршыбыз деп айылдык кеңештин депутаттары чыгышканы баарыбызга маалым
Чындыгында шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабагандай эле, эгер өкмөт өз оокатын кылып жатса айылдык кеңештин депутаттары жөнү жок жыйналыш кылып, тынч жаткан Үңкүр-Тоону козгомок эмес. Буга чейин премьер министр бир да сантиметр жер Өзбекстанга берилбейт дегени канчалык деңгээлде чындык экенин бир кудай менен өкмөт билбесе эч ким билбейт. Себеби чуу чыккан Үңкүр-Тоонун ба­шы 2007-жылы башталган. 2007-жылы езбек тарап чек араларды тактоо максатында кыргыз-өзбек мамлекетинин картографтары, бир нече министрлери жолугуп, натыйжада Кыргызстан Үңкүр- Тоону Кыргызстандын менчиги деген бүтүмгө келсе, Өзбекстан бул чечимге макул болгон эмес. Ошол учурдагы Кыргызстандын мамлекет башчылары жең ичинен сүйлөшүү жүргүзүүнүн негизинде бул талашты кийинкиге жылдыруу керек деген бүтүмгө келишкен.
2010-жылы бийлик алмашкандан кийин 2013-жылы Өзбекстан тараптан эч кандай уруксаат кагазы жок вертолёт менен 15 чакты өзбек чекисттери менен чек арачылары келип, Үңкүр-Тоодо жайгашкан те­ле мунарада канча адам эмгектенет, эмне иш кылат текшерип кетишкен. Коңшу өлкөнүн мындай кадамына кыргыз мамлекети аскерлерин жөнөтүп, радиотелемунараны коргоого алышкан. Ал эми бир канча аскери менен келген өзбек чек арачылары  Үңкүр-Тоонун белине жайгашып отурукташкандыгы жалпыга маалым болгон эмес. Мына ушундан башталып өзбек тарап өз менчигине айлантуунун алгачкы этабы башталат. Ал арада кыргыз аскерлери теле мунараны гана кайтарууга алуу менен Үңкүр-Тоонун бөксөсүндө жайгашып алган езбек аскерлерине эч кандай чара колдонулбай, көңүл сыртында калтырганы таң калаарлык. Демек сырыңды билип алдым, үңкүрүңө кирип алдым деген өзбек тараптын бул кадамы акырындык менен аймагын Кыргызстан тарапты көздөй чоюп жатканына улам деп болжолдоого болот. Албетте делимитация же де­маркация жолу менен аймактарды так бөлүп кыргыз-өзбек аймактары чектешкен жерлерге зым тоскучтарды койбосо мындай чырдын боло бериши турган иш.
Өкмөттүн чабалдыгы үйдө баатыр, жоодо жок болуп өлкө ичиндеги өзүнө окшогон оппозиция менен кайым айтышып, ич ара шаар четиндеги жаңы конуштарды жөнгө сала албай жеке менчик ээлеринин кимисинин жери кимдики, кайсы жер өкмөттүккү экенин тескей албаган чек араны чече албасын бөркүндө таанысаң болот. Тыйындын аркы бетин карап көрсөк кытай-кыргыз чек арасында эки өлкөнү бөлүп турган Кыргызстандын чек ара бөлүгү эптеп тозулуп, кытай тарап толугу менен чырмалган зымдар менен корулган. Бирок ага карабай 2002-жылдын 10-майында Узөңгү-Кууш, Бедел аймагы Кытайга сатылып кеткен. Ал эми картага түшпөгөн, такталбаган Үңкүр-Too аймагын өкмөт жең ичи­нен тон бычышы деле толук мүмкүн.

Ардакбек Каныбек уулу

Булак: “Де-факто”

Ууруну карма деп ууру жүрөт

Кыргыз балакет эле эл болот. Баарын алдын ала айтып коёт. «Ууруну карма деп ууру жүрөт»- деген кеп да айткан. Дегеним, Мамкаттоо кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов 100 миң сом па­ра алып жаткан жеринен кармалганын Коррупцияга каршы кызматы кабарлады. Окуя боюнча Шериповго жана мекеменин дагы бир кызматкерине карата кылмыш иш козголуп, экөө тең Бишкек милициясынын убактылуучу кармоочу жайына камалды.
Кылмышка шектүү Нурлан Шерипов Мамкаттоо кызматынын статс-катчылыгына былтыр июль айында дайындалган. Ал мекемеде кадрдык, каржылык жана уюштуруу маселелерин тейлечү. Кызыгы, юридика илимдеринин эң жаш доктору аталган Шерипов кезинде «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик кызматкерлердин коррупцияга аралашуусу тууралуу түшүндүрмө» деген сыяктуу китеп да жазып чыгарган. Кайран жигит, турмуш аны так ошол аңга тыгаарын кайдан билиптир.
Булак: “Де-факто”

Кыргызстандын түштүгүндө инклюзивдик билим берүүнү илгерилетүүгө кызыкдар тараптардын коалициясы түзүлүүдө

«Смайл.KG» коомдук фонду жана өнөктөштөр жергиликтүү деңгээлде инклюзивдик билим берүүнү илгерилетүү үчүн кызыкдар тараптардын коалициясын түзүү максатында тегерек столдо дискуссия жүргүзүү үчүн жолугушат. Бул чечим Ош шаардык билим берүү башкармалыгы менен «Смайл.КейДжи» КФсынын ортосундагы кызматташтык жана социалдык өнөктөштүк жөнүндө меморандумга кол коюу менен бекитилет. Демилге USAID жана DFID тарабынан каржылануучу Биргелешип башкаруу программасынын колдоосунда ишке ашырылууда.

Жолугушуунун катышуучулары майып балдардын инклюзивдик билим алууга жетүүсү үчүн инфраструктуралык шарттардын даяр болушунун деңгээлин аныктоо үчүн шаардын жалпы билим берүүчү 47 мектебинде 2015-жылдын аягында өткөрүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары менен таанышып чыгышат. Изилдөө ошондой эле Ош шаарындагымүмкүнчүлүгү чектелген мектеп курагындагы 120 баланын билим алууга муктаждыктарын изилдөөнүн жыйынтыктарын камтыйт.

Бул жолугушуунун катышуучулары улуттук деңгээлде инклюзивдик билим берүүнү ишке киргизүү жана илгерилетүү механизмдери боюнча резолюцияны жана сунуштамаларды, таяныч-кыймылдоо системасынын мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын билим алууга жетүүсүн түзүү боюнча жергиликтүү деңгээлде инклюзивдик билим берүүнү илгерилетүү жаатында чечим кабыл алуучу мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү үчүн сунуштамаларды даярдашат.

Балдар майыптуулугу жаатындагы башкы проблема – билим алууга өзгөчө муктаждыгы бар балдардын билим алууга жетүүсүнүн начардыгы. КР Социалдык өнүгүү министрлиги берген маалыматка ылайык азыркы учурда өлкөдөмүмкүнчүлүгү чектелген 26 миңден ашык бала жашайт. КР Билим берүү жана илим министрлиги берген маалымат боюнча ушул топтогу балдардын 25%ы гана билим берүү системасына киргизилген.

2015-жылы «Смайл.КейДжи» КФсы «Инклюзивдик билим берүүнү колдойбуз!» долбоорун ишке ашырууну баштады, ал долбоор учурдагы ченемдик укуктук актыларды ишке ашыруунун сапатына баа берүү, мектептик инфраструктуралык шарттарды жакшыртуу боюнча натыйжалуу механизмдерди иштеп чыгуу жана ДМЧ балдардын жалпы билим берүүчү мектептерге жетүүсүн жакшыртуунун моделин түзүү аркылуу Ош шаарындагы таяныч-кыймылдоо системасы жабыркаган балдардын инклюзивдик билим алууга жетүүсүн жакшыртууга багытталган.

Бул долбоор Биргелешип башкаруу программасынын (ББП) колдоосунда ишке ашырылууда, ал Кыргыз Республикасында өкмөттүн, жарандык коомдун жана менчик сектордун өнөктөштүгүн чыңдоого багытталган. Программа АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) жана Улуу Британиянын Эл аралык өнүгүү министрлиги (DFID) тарабынан каржыланган жана Ист-Вест Менеджмент Институту (EWMI) тарабынан ишке ашырылууда.

Фатима Касымахунова

Дүйнөнү Ким дүрбөтөбү?

Түндүк Кореянын болпойгон лидери Ким Чен Ын батыштын, Американын анан коңшусу Түштүк Кореянын түн уйкусун бузуп атат. Дегеним, мындан үч күн алдыда эле Пхеньян орто аралыкка учуучу үч ракетасын сынап, БУУнун Коопсуздук кеңеши муну алар-дын резолюциясын бузгандык жа­на «кабыл алынгыс» деп атаган.

Ал эми ушул айдын башында БУУнун Коопсуздук кеңеши январда өзөктүк сыноо өткөргөнү, андан кийин февралда узак аралыкка учуучу ра-кеталарын сынаганы үчүн Түндүк Кореяга жаңы санкцияларды киргизген. Түштүк Кореянын маалы­мат агенттиктери өлкө армиясынын Башкы штабына шилтеме жасап кабарлагандай, Түндүк Корея кечээ кыска аралыкка учуучу беш ракетасын атып, ал деңизге түшкөн.

10-мартта АКШ менен Түштүк Корея биргелешкен аскерий машыгууларын баштагандан бери Түндүк Корея ракеталарын үч ирет сынаган. Лидер Ким Чен Ын бул машыгууларды Пхеньянга «кол салууга» даярдык катары айыптоодо.

Булак: “Де-факто”

Асилбек Текебаев: «…бир ууч атка минерлер эмес, карапайым эл байыганда мамлекеттин экономикасы оңолот»

29-мартта Жалал-Абад областтык Барпы Алыкулов атындагы Кыргыз драма театрында Коомдук саясий ишмер, журналист  Асилбек Текебаевдин 55 жылдыгына жана анын баскан жолун чагылдырган, журналист Кудайкул Жусуповдун  “Асилбек Текебаев: “Ата Мекен элим-жерим, канатым, Бүт өмүрлүк айтып бүткүс санатым…” деп аталган көркөм публицистикалык китебинин бет ачаар аземи болуп өттү. Аталган аземге Асилбек Текебаевдин апасы Тилла Текебаева, бир тууган агасы Өмүрбек Текебаев, Эл депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, маркумдун бир туугандары, классташ-курсташтары, партиялаштары жакындары катышып маркумду жылуу сөздөр менен эскеришти.

Кеченин жүрүшүн Барпы театрынын жана областтык филармониянын артисттери коштоп, уккулуктуу обон-күүлөр жаңырды.

Качкынбек Булатов, укук коргоочу: "Кылмыштуу топтун “өкүл атасы” Жогорку Соттун коллегиясынын төрагасы Канат Турганбековбу?"

Үркөрдөй болгон кичинекей мамлекетибизде өзгөчө уюшкан кылмыштуу топтор кулачын кенен жайып, коомчулуктун үрөйүн учурууда. Ошол эле мезгилде кылмыш аталыктарынын ысымдары да эмнегедир жалпыга маалымдоо каражаттарында байма-бай жарыяланып, “кадырланып” келет.

Улам кийинки өсүп келе жаткан муундар айлана-чөйрөдөгү бай адамдардын жашоосун көрүп, окубай, иштебей туруп, арам жол менен байыган кылмыш аталыктарды үлгү кылып, “чёрный” же “брат” болууну эңсеп калгандары жашыруун эмес. Өзгөчө атагы атпай журтка белгилүү Рыспек Акматбаевди эл оозунан түшүрбөй, дүйнөдөн өтүп кетсе да, жаркын элеси унутулбай легендага айланган. Ал эми бүткүл дүйнөгө шерменде болгон алкы бузук бийликти,  акчанын ордуна “кукла” берип, президентти баш кылып, генерал, прокурорун төш кылып, буга дарыгерин, мед-суд эксперттерин кошуп алдап кеткен “мыйзамдагы ууру” Батукаевди самолеттун трабына чейин узатканын көрүп, “ай, кемчонтойлор” деп жер тепкилеп кала бердик. Кылмыштуу топтун дагы бир мүчөсү Эркин Мамбеталиев өмүр бою эркинен ажыраган жеринен бошоп, Индия киносундагыдай түрмөдөн чыга калып, заңгыраган үйгө кирип, кандан, бектен кем эмес, манчыркап жашап жатканы түшкө кирбеген иш болду. Азыр Эркин мырза кылмыш аталыгын алып, эң бай адамдардын катарында жан сакчы күтүп, коомдук иштерде меценаттык кылып, ал эмес журналисттерди, саясатчыларды каржылап келүүдө. Айтылуу Камчы Көлбаевди алсак, аты алыска тарап, бүткүл Орто Азиянын “криматалыгына” ээ болуп атат, ал эмес Барак Обама да анын ысымын атап жүрөт имиш. Жакында кылмыш дүйнөсү “Сакал” жана “Карышкыр” каймана ысымдары менен белгилүү дагы эки “ууру” менен толукталды.

Кылмыш топторго колдоо көргөзүп, алар менен табакташ болуп, тең бөлүшүп келгендер кылмыш чөйрөсүнө “өкүл ата” болуп алышкан милиция, прокуратура, соттор экендиги беш манжадай белгилүү. Элибиздин, мамлекетибиздин шору, көйгөйү дал ушунда, же болбосо,  “иттин өлүгү” дал ушу жерде көмүлгөн.

Кой терисин жамынган карышкырлардын катарында террористерге колдоо көргөзүп келген КРнын Жогорку Сотунун мүчөсү, Жогорку Соттук кеңештин төрагасы Канат Турганбеков да бар. Сөзүбүз кургак болбосун үчүн фактыга таянсак. КРнын ЖКнин депутаты Санжар Кыдыралиевди 2009-жылдын 14-апрелинде атайын буюртма менен атып өлтүргөн киллер Алтынбек Итибаев издөөгө алынган. 2010-жылдын 30-ноябрында Бишкектеги Кожомкул спорт сарайында жардыруу уюштурган деп табылып, Свердлов райондук соту тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Ошол эле убакта Бишкек шаардык соту аталган кылмышкердин жаза мөөнөтүн 21 жылга кыскартып, калган мөөнөтүн күчөтүлгөн режимге которгон. Көп өтпөй А.Итибаевди түзөтүү колониясына чыгарыщкан.

2013-жылдын 22-февралында Свердлов райондук соту А.Итибаевди “күнөөлүү” деп таап, оор кылмыш жасагандыгы үчүн өмүр бою эркинен ажыратып, өзгөчө режимдеги абакка кайрадан которот. Сегиз айдан кийин 2013-жылдын 10-октябрында Бишкек шаардык соту өтө коркунучтуу кылмышкерге сот өкүмүн жеңилдетип, өзгөчө оор кылмышына карабай жаза аткаруу мөөнөтүн жыйырма бир жылга кыскартат. Мындан тышкары, кыска мөөнөттүн ичинде А.Итибаевге үч жолу амнистиялык колдоо көргөзүлөт. Туура бир жыл мурун 2014-жылдын 21-октябрында бул кылмыш иш боюнча Жогорку Соттун коллегиясы админстративдик мыйзам бузуу үчүн деп түзөтүү колониясына чыгаруу өкүмүн күчүндө калтырган. Чындыгын айтканда, бул чуулгандуу мыйзамсыз иштердин баары Жогорку соттун коллегиясынын төрагасы Канат Турганбековдун колунан өтүп, анын буйругу менен болуп келген.

Мындан тышкары, Нарын обласынын “смотрящийи” катары “Тоха” деген каймана ат менен белгилүү Тариель Жумагулов Камчы Көлбаевдин уюшулган тобунун мүчөсү деп айтылат, ошол эле Канат Турганбековдун жардамы менен кылмыш жоопкерчиликтен кутултуп турган. 2001-жылы Тариель Жумагулов 21 жылга кесилип, темир тордун артына түшкөн, бирок, таң калыштуусу рецидивист кылмышкер бат эле кутулган. Анын качан бошоп, түрмөдөн чыкканын эч ким билген эмес. Ал 2012-жылы эркиндикте жүргөнүндө кайсы бир бизнесменди коркутуп, тоноп жатканда кармалат. Жумагулов тогуз жылга кесилип, көп өтпөй шаардык соттон таптаза акталып кетет. Кийин Бишкекте өткөн атайын операцияда казакстандык эки террорист менен кошо жок кылынат. Ушул эле операцияда Алтынбек Итибаев дагы колго түшөт.

Айрым маалыматтарга таянсак, Канат Турганбеков А.Атамбаевдин кудасы Алымбай Султанов аркалу колдоо тапкан. Эгерде ажо Атамбаев колдоо көргөзбөгөндө өзүн өзү билген К.Турганбеков эбак эле мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн кызматтан айдалмак.  Көмүскө иштери ачыкка чыгып келгенде дагы, эч кимди тоготпой, жазага алынбай, тескерисинче, ээн-эркин кызматтан көтөрүлгөнүнүн себеби ушунда.

Айтмакчы, Канат Турганбеков менен чогуу карьерасы көтөрүлгөн Качыке Эсенканов биз жогоруда белгилеген соттук териштирүү кеңешмелерине катышкан, натыйжада, соттук териштирүүдөн кийин уюшулган кылмыштуу топтордун мүчөлөрү жазадан кутулуп кетип турушкан. Ак Үйдөгү колдоосу аркылуу К.Турганбеков Жогорку сот кеңешинин төрагалыгына дайындалды, ошондой эле, КРнын Жогорку сот башкармалыгынын мүчөсү. Андыктан, анын арааны ачылып, коррупцияга катыштыгы бар деп айтылып келсе дагы, соттук кенешти башкарып, мыйзамга туура келбеген аракеттерди тайманбай жасап, өлкөдөгү каалаган сотту өз билгениндей буйрук менен калчап, башкарып, ээлик кылып жатат. Ал эми кылмыштуу топтордун кызыкчылыгын көздөгөндүгү үчүн өкүл аталык же орусча айтканда, “Крёстный отец”  статусуна ээ болгон. Ошентип, Жогорку соттон кылмышкерлердин көбү кутулуп, эркиндикте жүрүп жатканынын себеби анын “крестный отец” болгондугунан улам чыгар. Балким, кайсы бир деңгээлде ал чындап эле кылмыштуу топтордун акчасы менен карьерасын куруп жаткандыр. Арийне, Жогорку соттун жардамы менен бардык кылмыштуу топтор, кылмышкерлердин “элитасы” К.Көлбаев, А.Батукаев, “Карышкыр” жана башка “мыйзамдуу уурулар” эч бир жазасыз жүргөнү, ал эми аларды көргөндө чөк түшө калып, ардактап жүргөнүбүз кашкайган чындык. Керек болсо парламент, өлкө башчы, күч органдары, баары криматалыкты көргөндө, ыйыгындай сыйынып жүрүшөт. Ушул эле К.Турганбековдун кесепетинен жакында 9 адам өлүп, Бишкектен бир нече үйлөр талкаланып, 10 миллион сомго чыгымга учураса да, баардык чыгым мамлекеттин бюджеттин эсебинен каржыланып, кыйраган үйлөр калыбына келтирилди. Өлкө башчысынын кылмыштын өзөгүн изилдебегендиги өкүнүчтүү, ошол эле убакта мындай каргашага ким күнөөлүү деген бир дагы чиновник жок. Анткени, кылмышкерлер колдоосу болгондугу үчүн жаза албай, колдоо кылган адамды дамамат ыраазы кылып турат экен. Ошол эле өтө коркунучтуу киллер, террорист деп сот тарабынан табылган А.Итибаев үч жолу амнистия алып отурат. Ал эми колунда жок шордуу же жарандык активисттер, буйрук менен кесилген саясатчыларга бир дагы амнистия берилбей келет. Ушундай мыйзамсыз баш аламан кадамга барган соттордун ишин көзөмөл кылбаган прокуратуранын дагы чоң күнөөсү бар, террористке, адам өлтүргөнгө үч жолу амнистия берген прокуратура өзүнүн укугунан жогору аша чаап, мыйзам үстөмдүгүн тебелегени ачыктан ачык көрүнүп турат. Бир чети мындай ишке Ак үйдүн колдоосу болбосо, ошондой эле, КРнын экс-Башкы прокурору Аида Салянованын макулдугусуз амнистия ишке ашырылмак эмес. Кыскасы, мыйзам сакчылары кылмышкер аталыктардын эсебинен күн көрүп, өкүл аталыкка барып атса, анда баш аламандыкка жакындап калдык.

Качкынбек БУЛАТОВ, укук коргоочу

Булак: “Майдан.кж”

Унгар-Тоо Өзбекстандын аймагы катары каралып, документ табылды. Эми президент убадасына туруп Сариевдин башын кетиреби?

Премьер-министр Темир Сариевдин колу турган документте Аксы районунда жайгашкан Унгар-Тоо Өзбекстандын аймагы катары каралган. Сариевдин аталган тоону коңшу мамлекеттин карамагына өткөргөнү тууралуу буга чейин да маалыматтар тараган, бирок өкмөттүн басма сөз катчысы мындай маалыматтарды четке кагып, өкмөт эч убакта Унгар –Тоо боюнча токтом чыгарбаганын билдирген.
Ал эми “Zanoza.kg” сайтында Темир Сариевдин колу коюлган документ жарыяланды. КР премьер-министри өткөргөн жыйындын протоколунда “Кербен” радиорелейдик станция Өзбекстан Республикасынын аймагында жайгашкандыгы көрсөтүлгөн.
Ошондой эле 2016-жылдын 16-мартындагы Кербен шаарынын шаардык кеңешинин төрага орун басары К. Үрүстөмовдун токтому да аталган сайтка жарыяланды. Анда, аталган шаардык кеңештин депутаттары премьер-министрден радиорелейлик станция Өзбекстандын карамагында экенин расмий тастыктап берүүсүн талап кылышкан.
Кербен шаардык кеңеши 21-сессиясында төмөндөгү маселелерди кароого токтолушкан:
1. Аксы районундагы Унгар-Тоосунда жайгашкан  “Кербен” РРС-24 станциясы Өзбекстан Республикасыны аймагында жайгашкандыгы боюнча КР премьер-министринен расмий тастыктама талап кылуу;
2. Унгар-Тоодогу РРС-24 станциясын ошол аймактын кайсы өлкөгө карай турганы аныкталмайынча ордунан козгоону ылайыксыз деп табуу;
3. Унгар-Тоону Кыргзстандын аймагына карай турганы аныкталгандан кийин, бул аймакты сактоо үчүн кошумча радио станцияларын курууга кошумча жер бөлүп берүүгө даярбыз жана бул тууралуу бийликти кабардар кылабыз;
Президент А. Атамбаев жакынкы күндөрү Бишкектеги гүлбактын долбоору менен таанышуу аземинде, журналисттерге так ушул Унгар-Тоонун айланасындагы маселе боюнча: “Темир Сариевдин  Унгар-Тоону бергидей эки башы бар бекен? Эгер, берген болсо башы кетет”, – деген эле.
Эми күтө туралы, Темир Сариевдин башы кетеби?
Булак: “Саясат.кg”

Өкмөт, өкүлдүн «кислородун» кысып койгонбу?

Бир жумадан бери кыргыз-өзбек чек араларындагы ызы-чуунун аягына чекит коюлбай келет. Өкмөт башчы, чек ара кызматы, коргоо ко­митети жана башка тийиштүү органдар туура болсо да болбосо да өз ойлорун айтып жатышат. Бир канча күн өтсө дагы Жалал-Абаддын губернаторунан дайын жок.

Өткөндө өкмөт аке менен бир жүргөнүн көргөн бойдон, жашыл акчанын өңүндөй эле жоголду. Ыйгарым укуктуу  өкүлү катары эл алдына, массалык маалымат каражаттарына чыгып бир нерсе дей албаган өкүлдү өкмөт «кислородун» кысып койгонбу же өзүнө келе албай атабы?

Булак: “Де-факто”

Бишкекте «Омар не Хайям» кафесин белгисиз бирөөлөр бензин чачып өрттөөгө аракет кылышты

Борбор калаадагы «Омар не Хайям» кафесин белгисиз бирөөлөр бензин чачып өрттөөгө аракет кылганын ӨКМ билдирди.

Түндө Аалы Токомбаева көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде өрт чыкканы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Кырсык болгон жерге барган өрт өчүрүүчүлөр жыгачтан курулган имараттын беш чарчы метр жери күйүп жатканын аныкташып, аны өчүрүшкөн.

ӨКМден билдиришкендей, кафени белгисиз жарандар бензин чачып өрттөөгө аракет кылышкан.

Булак: “Эл деми”

Мамкаттоо кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашкандай, мамлекеттик каттоо кызматынын Свердлов райондук паспорт-виза жана каттоо кызматынын жетекчилерине кылмыш иши козголду. Аларга “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган”, “кызмат абалынан аша чабуу”, “Кыргызстандын жарандык паспортун башка бирөөгө мыйзамсыз берген” деген беренелер боюнча айып тагылды.

Ага чейин ИИМдин 5-башкармалыгы тарабынан Кыргызстанда катталбаган дарыларды сатып жаткан ишкер кармалган. Иликтөөнүн жүрүшүндө ал 2013-жылы Свердлов райондук паспорт столуна 1974-жылкы паспорту жоголуп кеткенине байланыштуу жаңысын берүүнү өтүнүп кайрылганы белгилүү болгон.

Кошумча иликтөөнүн натыйжасында ал 2007-жылы кыргыз жарандыгынан чыкканын билдирип, 1974-жылы берилген кыргыз паспортун Орусиянын паспортуна жана жарандыгына алмаштырганы анык болду. Чек ара кызматтарынан алынган маалыматтарга ылайык, 2013-жылы ал чет мамлекетте болгон жана Свердлов райондук паспорт столго арыз жаза алмак эмес, деп билдирди Башкы прокуратуранын маалымат кызматы.

Бул иш боюнча учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Булак: “Эл деми”

Зумрад Жанабаева ден соолугунун кескин начарлашынан улам тез жардам менен ооруканага жеткирилди

Бишкек ШИИБинде убактылуу кармалып турган Жол-кайгуул кызматынын жетекчиси Зумрад Жанабаева ден соолугунун кескин начарлашынан улам тез жардам менен ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Бишкек Тез жардам станциясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жетекчи инфарктка кабылган. Ошондуктан, Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнө алынып келинген.

Эске салсак, З. Жанабаева кол алдында иштеген милиция кызматкерин мас абалында жол кырсыгын жасагандыгы үчүн өткөн күндү көрсөтүп, жумуштан кетирген. Бул үчүн Жанабаева кармалып, СИЗО-1ге соттун чечими менен камалган.

ЖАМК З. Жаманбаеванын баш коргоо чарасы өзгөртүлгөндөн кийин да убактылуу кармоочу жайдан СИЗО-1ге жеткирилбегенин билдирди.

Чындыкты ачыкка чыгарган Аксынын жергиликтүү депутаты Жанарбек Надырбековду УКМК борборго чакырды

“Учурда коомчулук арасында кызуу талкууга алынган, Аксыдагы Үңкүр-Тоонун тагдыры чын эле талаш-тартышка түштү. Бирок бул бийлик дагы, өткөн бийликтин катачылыгын кайталап жатат. Анткени Аксыдагы болгон чындыкты кабарлап турган, биздин жергиликтүү депутат Жанарбек Надырбековду Бишкекке УКМК чакырды”, — деп билдирди бүгүн, 30-мартта Кyrgyztoday.kg маалымат агенттигине Аксы районунун жергиликтүү депутаты Сапар Анарбеков.

“Темир Сариев, 2015 – жыл 11-ноябрда 18-177 номерлүү буйрукка өзү кол койгон. Ага 22-мартта жыйынга катышкан 22 депутаттын баардыгы күбө. Эми Үңкүр-Тоодогу РРС-24 Кербен станциясын Унгар-Тоонун таандыгы аныкталганга чейин башка тоого көчүрүү сунушун берген. Анткени, бизге келип түшкөн протокол боюнча карап, Үңкүр-Тоо стратегиялык обьект, эгер радио-релейлик станцияны көчүрүп кетсек, Өзбекстан тоону алып коет деп өзүбүздүн токтомду чыгарганбыз. Үңкүр-Тоого жөн эле эми Азимбек Бекназаровду күнөөлөп, ага жалган-жалаа жаап жатышат”, – деди жергиликтүү депутат.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын чечилбеген чек арасы, тээ Турдакун Усубалиевдин убагынан бери эле келе жатат. Тунгуч президентибиз Аскар Акаев “Үзөңгү-Куушту Кытайга карматам” деп кыргыздын алты азаматы окко учкан. Ага кошумча Аскар Акаев, Нурсултан Назарбаев менен куда-сөөк болгондон кийин, Жогорку Кеңештин макулдугусуз Каркыраны казактарга карматса, эми экинчи кадр кайра кайталанып, Жогорку Кеңештин макулдугусуз Темир Сариевдин колу коюлган токтому Аксыда пайда болду.

Бул көрүнүшкө Жогорку Кеңештин  эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин мүчөлөрү жооп катары кечээ, 29-мартта жыйын өткөрүп, Өкмөтгө, “Аксы районунун Унгар-Тоосунда жайгашкан “Кербен” (РРС-24) радиорелейлик станциясын башка жерге көчүрбөстөн азыркы турган ордунда калтыруу жана аталган станциянын ишмердүүлүгүн күчөтүү, Бул маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасына Кыргыз Республикасынын Премьер-министринде болгон кеңешменин 2015-жылдын 11-ноябрындагы №18-177 протоколунун бурмалангандыгын текшерүү жана юридикалык баа берүү. Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жогоруда баяндалган маселелер боюнча толук маалыматтарды 2016-жылдын 20-апрелине чейин жөнөтүү” боюнча талаптарын расмий билдирди.

Мыйзам боюнча Кыргызстанда парламенттик башкаруу. Тилекке каршы килтейген 7 кабатта иштеген 120 депутат билбей калган сырлар ачыкка чыгып жатат. Эми Кыргызстанды, Мекенди сүйгөн Жогорку Кеңештин депутаттары, Үңкүр-Тоону сактап калабы же болбосо Темир Сариевдин “чынбы же жалганбы” токтому кандай тагдырга туш болот аны убакыт көрсөтөт. Баарыбызга белгилүү болгондой Аксы эли, атасы басып барбаган Үзөңгү-Кууш үчүн Акаевдин бийлигин алкымдан алган. Ал эми жергиликтүү калк Үңкүр-Тоону “Өзбекстанга бербейбиз” деп чекит койду. Кызыктар алдыда…
Унгар-Тоо 1-ый протокол
Унгар-Тоо 2-й протокол
Гүлжан Шерипбаева, Кyrgyztoday.kg

Жанна Немцова АКШ мамкатчысынын сыйлыгынын лауреаты болуп калды

Орусиялык саясатчы Борис Немцовдун кызы – журналист Жанна Немцова АКШ мамкатчысынын International Women of Courage сыйлыгынын лауреаты болуп калды. Бул сыйлык жылына аялзатынын эр жүрөктүүлүгү үчүн ыйгарылат.

АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Теффт белгилегендей, Немцова атасынын өлүмүн тыкыр жана ачык-айкын изилденишине умтулгандыгы, ошондой эле Орусиядагы опурталдуу жна жоопкерчиликсиз пропаганданын бетин ачууга багытталган туруктуу иш-аракеттери үчүн сыйланды.

Борис Немцов 2015-жылдын 27-февралында Москванын борборунда өлтүрүлгөн. Тергөө буга Чеченстан Ички иштер министрлигинин “Север” батальонунун мурдагы жоокери Руслан Мухудинов буйрутма берген деп эсептейт. Бирок Немцовдун жакындары менен тилектештери бул жоромолго макул эмес. Алардын пикиринде, өлүмгө Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун тиешеси бар.

Жанна Немцова “бийлик элитасынын макулдугусуз” атасын эч ким өлтүрө алмак эмес деп бир нече ирет билдирүү жасаган. Ошондой эле расмий иликтөө иштерин сынга алып, орусиялык ММКлар оппозициячыл саясатчыны куугунтуктаган кампания жүргүзүп жатат деп айыптаган. Ага карата коркутуп-үркүтүүлөр болгондуктан ал 2015-жылдын июнунда Орусиядан чыгып кеткен.

Кыргызстандын футболчулары тажикстандык атаандаштарын утуп алды

Бул беттеш 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандап алуу беттештеринин экинчи баскычынын акыркы туру болуп саналды.

Бүгүн Тажикстан курамасын уткан Кыргызстандын футболчулары 14 упай менен В тайпасында үчүнчү орунду ээледи.

Экинчи баскычтагы тандоо оюндарында Кыргызстан ээ болгон үчүнчү орун менен дүйнө чемпиондугунун үчүнчү баскычында ойной алышпайт. Бирок, 2019-жылы боло турган Азия кубогунун үчүнчү баскычтагы тандоо оюндарына чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

Тайпалык тандап алуу оюндарында Кыргызстандын негизги атаандаштары болгон Австралия менен Иорданиянын футболчуларыАвстралиянын Сидней шаарында беттешип 5:1 эсебинде талаа кожоюндары жеңишке жетти. Ошентип 8 оюндан кийин Австралия 21 упай топтоп көч башын жетектеди. Иорданияда 16 упай бар.

Мамлекетке караштуу имараттарды ижарага берүүдөн түшкөн каражаттардын бөлүнүү катышын кайра ыраатташтыруу демилгеси талкууланды

Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетте мамлекетке караштуу имараттарды ижарага берүүдөн түшкөн каражаттардын бөлүнүү жолжоболорун кайрадан ыраатташтырууга багытталган “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралды. Ал үчүн “Салык эмес төлөмдөр жөнүндө”, “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө”, “Билим берүү жөнүндө” жана “Маданият жөнүндө” мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү зарыл.

Иштеп жаткан мыйзамда маданият мекемелеринин имараттарын ижарага берүүдөн түшкөн каражаттар 30х70 катышындабөлүнүп, каражаттын 30 пайызы республикалык бюджетке, ал эми 70 пайызы ошол имараттарды күтүү багытында жумшалып келген. Өкмөт ал каражатты 50х50 катышында бөлүү сунушун киргизген. Алардын пикиринде, ижарадан түшкөн каражат көлөмү барган сайын өсүп жаткандыктан, ал имаратты күтүүгө багытталган каражаттын өлчөмү кыскарбайт.

Талкуу жүрүшүндө бир катар депутаттар маданий жайларынын, билим берүү мекемелеринин имараттарын ижарага берүүдөн түшкөн каражаттын бөлүнүшүн кайра кароо сунушуна каршы пикирин билдирип, ижара акысынын 70 пайызын мекеменин өзүндө калтырып, 30 пайызын республикалык бюджетке которуу сунушун берген. Ошондон улам, комитет мүчөлөрү менен өкмөт өкүлдөрү каражаттын бөлүнүү катышын Өкмөт өзү белгилесин деген чечимге келген.

“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору комитет мүчөлөрүнүн сунушунтарын эске алуу менен, экинчи окууда жактырылды.

 

Азимбек Бекназаров: «Мен протоколду жасай калгыдай колумда өкмөттүн печаты бар беле?»

Азимбек Бекназаров аны Темир Сариевдин өкмөтү “Унгар-Тоо Өзбекстандын территориясында жайгашкан” деп кол койгон документ боюнча чагымчылдык кылып жатат” деген билдирүүсүнө кошулбай турганын белгиледи.
“Мен чагымчылык кылгыдай кайсы ишти туура эмес кылыптырмын? Мен документтерди жасагыдай өкмөт мүчөсү эмесмин да. Протоколдо өкмөттүн печаты турат го. Мен аны кантип жасап коймок элем?”- деди Бекназаров.
Бекназаров Кербенге премьер-министр Темир Сариевдин өкмөтүнөн документ келген соң Кербен шаардык депутаттары кезексиз жыйынга чогулганын баса белгиледи.
“Кербен шаардык кеңешинин 32 депутаты Темир Сариевдин”Унгар-Тоо Өзбекстандын территориясында жайгашкан” деген документине макул болушкан жок. Демек, анда бул документтин күчү бар болчу да. Мен протоколду жасай калгыдай колумда өкмөттүн печаты бар беле? Темир Сариевдин өкмөтү 6 күн унчукпай жатышып, эми сырлары сыртка чыга баштаганда жандалбастап мени каралап жатат. Аргасы түгөнгөндөгү кадамдары ушул”,-деди Азимбек Бекназаров.
Ошондой эле Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңешке барып, өзү айткан билдирүүлөр үчүн жооп берүүгө даяр экенин да кошумчалады.
“Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевге тапшырдык ошол документтерди, Жогорку Кеңеш баа берсин деп. Менден күмөн санашса мени чакырышсын, Кербен шаардык кеңешинин депутаттарын чакырышсын. Район акими келсин. Жыйындын жүрүшүн коомчулук да көрүп туруусу кажет”,- деди ал.
Эске салсак бүгүн, Өкмөттүн Аппараты Унгар-Тоо боюнча өкмөттүн протоколу деп көчүрмөнүн социалдык тармактарда таратылышын кезектеги “Бекназаровдук” чагым деп билдирген. Билдирүүдө, “Социалдык тармактарда Өкмөт Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Унгар-Тоону башка өлкөгө таандык деп тааныды делген, Азимбек Бекназаров ойлоп чыгарган, жалган маалымат таратылууда. Мындай абсурддук маалыматтын таратылышы азыркы учурда айрым адамдардын чек аралар боюнча аяр маселени колдонуу менен Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына зыян келтирип жатканына карабай, саясий капитал топтоого болгон ачыктан-ачык чагымы деп атоого болот» деп жазылган Темир Сариевдин аппаратынын билдирүүсүдө.
Булак: Каганат.

Оставить Комментарий

Кытай куксисинен көрө кыргыз жупкасы пайдалуу

Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айылынын тургуну Дуулат АСАНОВ үй шартында жасалган жупка чыгаруучу чакан ишкана ачып, ийгиликтүү иштетүүдө. Апасынын атынан «Нуска» деп атап каттоодон өткөн бул чакан ишкана жупканын түрлөрүн атайын стандарттуу идиштерге салып, этикетка жармаштырып саттыкка чыгарууда. Айрыкча кары кишилерге, туристтерге арналып чыгарылып жаткан бул азык Бишкек шаарынын дүкөндөрүндө да сатылууда.

 — Дуулат мырза, чакан айылда туруп жакшы ишкерлик менен алектенип жаткан экенсиң. Жупка жасоого кандайча кызыгып, бул ишкерликти кантип баштап калдыңар?

– Негизи бул менин карындашым Кенженин идеясы. Борбор калаабызда студент болуп жүргөн кезибизде апам жупка жасап туруп бир баштыкка түйүп берчү. Студенттик куракта аябай жакшы күлазык эле. Анан эле Кытайдан келген кукси дегендер чыга баштады. Курулуш ишиндеби, үйдө болобу куксини ичип жүргөндөрдү көрүп, ушундай эле тез даяр болгон жупканы чыгарсак эмнеге болбойт деп бул ишке киришкенбиз. Алгач үйдөн жасап тарата баштаганыбызда муну өзүбүз деле жасап алабыз да деп көргөндөр күлүп да жүрүштү. Алуучу кардарларыбыз да жок болчу. Алты айдай жөн гана чыгаша болуп жүрдүк. Борбор калаабызга келип, Дордой, Ош базарларына жупканы бекер тараткан күндөрүм да болду.

– Кичинекей ишкерлик бүгүн кандай,  кардарлар көбөйүп калдыбы?

– Алгач жубайым, карындашым үчөөбүз иштеп жатканбыз. Учурда кудайга шүгүр карамагыбызда  сегиз адам иштеп жатат. Бишкекке, Ошко, Таразга жөнөтүп турабыз. 200, 300 даана жупка керек деп заказдар түшүп калат. Биз дайындап беребиз. Кардарларыбыз күн санап көбөйүп келет. Биздин бул ишкерлигибиздин келечеги кенен деген үмүттөмүн. Маркум Табылды Эгембердиев агабыз максым- шорону кандай деңгээлге көтөрүп кетти. Кыргыздын даамы болгон жупка дагы ата-бабабыздан калган эң пайдалуу, сиңимдүү, эң ыңгайлуу азык деген ойдомун.

IMG_1132-minЖупкага сары май, сүзмө керектелет эмеспи. Бул азыктар өзүңөрдөн чыгабы?

— Алгач өзүбүздүн уйдун сүтү эле баарына жетчү. Кийин азыктар көбүрөөк керектеле баштады. Сатып алган сүзмө, сары майлар ар кандай болуп калат экен. Базардан алсаң ар кандай кошулмалар кошулган сары майга, быштактай болгон сүзмөлөргө туш болосуң. Ошондуктан каймакты эле сатып алып, сары майды өзүбүз дайындайбыз. Сүзмөнү да ишеничтүү адамдарга табыштайбыз.

-Алгач тажрыйба жүргүзүүнүн негизинде иштеп, бир топ кыйынчылыктар жаралыптыр. Бүгүнкү күндө үзүрүн көрүп, үй-бүлөлүк бюджетиңерге кирешелер кире баштадыбы?

-Баардык нерсеге сабырдуулук жана эмгек керек эмеспи. Көп ишкерликке киришкендер кичине кыйналса токтотуп коюшат. Кудайга шүгүр азыркы учурда үзүрүн аздап көрө баштадык. Биздин колдон жаралган жупка да ар бир дүкөн текчелеринен орун алат деген үмүттөбүз.

Жупканы кантип жасайбыз? 

Жупканы мындай күндөрү жасабаганыбыз менен, ыйык Рамазан айында көпчүлүктүн сүйүктүү даамына айланат. Анткени ал тоюмдуу жана сиңимдүү тамак болуп саналат.

Керектелүүчү азыктар: 200 грамм ун, 1 стакан суу, татымына жараша туз.

Даярдоо ыкмасы:  Буудай унунан катуу камыр жууруп, тыныктырып коёбуз.

Тыныккандан кийин четинен үзүп алып, калыңдыгы 1-2 миллиметрдей кылып жайып алабыз. Жайылган камырды какшыган казанга же көмөчтанга улам бирден каттап салып, жети-сегизден жуптап бышырып алуу керек. Улам оодарып, отту бирдей кармап, баарына саресеп салбаса күйүп кетиши ыктымал.  Даяр болгон жупканы кесеге туурап, үстүнө сары май, эзилген сүзмөнү салып кайнак суудан куябыз. Татымына жараша туз саласыз. Үч мүнөттөн соң тамагыңыз даяр. Табитиңизге жараша кара мурч, майда тууралган пиязды кошуп ичсеңиз да болот.

Жупканы алдын ала даярдап, майдалап, кездемеден тигилген баштыкта 1 жылга чейин сактасаңыз болот. Анан да бул азык алыс жолго чыкканда алып жүрүүгө да ыңгайлуу.

Жупканы шорпого, сүткө, эзилген курутка чылап ичсе да болот.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Булак: “Жаңы Агым”

Кытай куксисинен көрө кыргыз жупкасы пайдалуу

Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айылынын тургуну Дуулат АСАНОВ үй шартында жасалган жупка чыгаруучу чакан ишкана ачып, ийгиликтүү иштетүүдө. Апасынын атынан «Нуска» деп атап каттоодон өткөн бул чакан ишкана жупканын түрлөрүн атайын стандарттуу идиштерге салып, этикетка жармаштырып саттыкка чыгарууда. Айрыкча кары кишилерге, туристтерге арналып чыгарылып жаткан бул азык Бишкек шаарынын дүкөндөрүндө да сатылууда.

 — Дуулат мырза, чакан айылда туруп жакшы ишкерлик менен алектенип жаткан экенсиң. Жупка жасоого кандайча кызыгып, бул ишкерликти кантип баштап калдыңар?

– Негизи бул менин карындашым Кенженин идеясы. Борбор калаабызда студент болуп жүргөн кезибизде апам жупка жасап туруп бир баштыкка түйүп берчү. Студенттик куракта аябай жакшы күлазык эле. Анан эле Кытайдан келген кукси дегендер чыга баштады. Курулуш ишиндеби, үйдө болобу куксини ичип жүргөндөрдү көрүп, ушундай эле тез даяр болгон жупканы чыгарсак эмнеге болбойт деп бул ишке киришкенбиз. Алгач үйдөн жасап тарата баштаганыбызда муну өзүбүз деле жасап алабыз да деп көргөндөр күлүп да жүрүштү. Алуучу кардарларыбыз да жок болчу. Алты айдай жөн гана чыгаша болуп жүрдүк. Борбор калаабызга келип, Дордой, Ош базарларына жупканы бекер тараткан күндөрүм да болду.

– Кичинекей ишкерлик бүгүн кандай,  кардарлар көбөйүп калдыбы?

– Алгач жубайым, карындашым үчөөбүз иштеп жатканбыз. Учурда кудайга шүгүр карамагыбызда  сегиз адам иштеп жатат. Бишкекке, Ошко, Таразга жөнөтүп турабыз. 200, 300 даана жупка керек деп заказдар түшүп калат. Биз дайындап беребиз. Кардарларыбыз күн санап көбөйүп келет. Биздин бул ишкерлигибиздин келечеги кенен деген үмүттөмүн. Маркум Табылды Эгембердиев агабыз максым- шорону кандай деңгээлге көтөрүп кетти. Кыргыздын даамы болгон жупка дагы ата-бабабыздан калган эң пайдалуу, сиңимдүү, эң ыңгайлуу азык деген ойдомун.

IMG_1132-minЖупкага сары май, сүзмө керектелет эмеспи. Бул азыктар өзүңөрдөн чыгабы?

— Алгач өзүбүздүн уйдун сүтү эле баарына жетчү. Кийин азыктар көбүрөөк керектеле баштады. Сатып алган сүзмө, сары майлар ар кандай болуп калат экен. Базардан алсаң ар кандай кошулмалар кошулган сары майга, быштактай болгон сүзмөлөргө туш болосуң. Ошондуктан каймакты эле сатып алып, сары майды өзүбүз дайындайбыз. Сүзмөнү да ишеничтүү адамдарга табыштайбыз.

-Алгач тажрыйба жүргүзүүнүн негизинде иштеп, бир топ кыйынчылыктар жаралыптыр. Бүгүнкү күндө үзүрүн көрүп, үй-бүлөлүк бюджетиңерге кирешелер кире баштадыбы?

-Баардык нерсеге сабырдуулук жана эмгек керек эмеспи. Көп ишкерликке киришкендер кичине кыйналса токтотуп коюшат. Кудайга шүгүр азыркы учурда үзүрүн аздап көрө баштадык. Биздин колдон жаралган жупка да ар бир дүкөн текчелеринен орун алат деген үмүттөбүз.

Жупканы кантип жасайбыз? 

Жупканы мындай күндөрү жасабаганыбыз менен, ыйык Рамазан айында көпчүлүктүн сүйүктүү даамына айланат. Анткени ал тоюмдуу жана сиңимдүү тамак болуп саналат.

Керектелүүчү азыктар: 200 грамм ун, 1 стакан суу, татымына жараша туз.

Даярдоо ыкмасы:  Буудай унунан катуу камыр жууруп, тыныктырып коёбуз.

Тыныккандан кийин четинен үзүп алып, калыңдыгы 1-2 миллиметрдей кылып жайып алабыз. Жайылган камырды какшыган казанга же көмөчтанга улам бирден каттап салып, жети-сегизден жуптап бышырып алуу керек. Улам оодарып, отту бирдей кармап, баарына саресеп салбаса күйүп кетиши ыктымал.  Даяр болгон жупканы кесеге туурап, үстүнө сары май, эзилген сүзмөнү салып кайнак суудан куябыз. Татымына жараша туз саласыз. Үч мүнөттөн соң тамагыңыз даяр. Табитиңизге жараша кара мурч, майда тууралган пиязды кошуп ичсеңиз да болот.

Жупканы алдын ала даярдап, майдалап, кездемеден тигилген баштыкта 1 жылга чейин сактасаңыз болот. Анан да бул азык алыс жолго чыкканда алып жүрүүгө да ыңгайлуу.

Жупканы шорпого, сүткө, эзилген курутка чылап ичсе да болот.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Булак: “Жаңы Агым”

ГРС полностью прекратит сотрудничество с ОсОО «Анкер»

Сегодня, 29 марта, представителям средств массовой информации было продемонстрировано техническое состояние поступившего оборудования для изготовления новых номерных знаков транспортных средств.
Председатель Государственной регистрационной службы при Правительстве Тайырбек Сарпашев сообщил, что выпуск новых номерных знаков планируется начать с 1 июня 2016 года.
«Это объясняется тем, что заказанные нами порядка 380 колодок или же пластины являются самыми уникальными в мире. Соответствующее письмо нами получено от завода изготовителя», – сказал Тайырбек Сарпашев.
29 марта 2016 года в Государственном предприятии «Инфоком» при Государственной регистрационной службе при Правительстве Кыргызской Республики (ГП «Инфоком» при ГРС) состоялась демонстрация оборудования по производству государственных регистрационных номерных знаков для автомототранспортных средств.
4 марта текущего года Государственное предприятие  «Инфоком» при ГРС, как уполномоченный орган по производству госномеров заключило договор с компанией победителем ООО «Типография №2» по итогам проведенных конкурсных торгов  на закупку оборудования и расходные материалы для производства государственных регистрационных номерных знаков для автомототранспортных  средств. Общая стоимость оборудования составила 1 млн. 922 000 рублей.
Важно отметить, что при выпуске регистрационных номерных знаков государственным предприятием поступления в госбюджет составят 50% от чистой прибыли. Ранее от изготовления госномеров частной компанией ОсОО «Анкер» основная часть от прибыли поступала на счет частной компании. 31 марта завершится срок договора, заключенного с данным ОсОО «Анкер» и на этом ГРС полностью прекратит сотрудничество с данным частником.

Тайырбек Сарпашев: В прошедших выборах в местные кенеши 480 избирателей с паспортами 1994 года образца не были допущены к голосованию

 

Об этом во время пресс-конференции заявил Председатель Государственной регистрационной службы при Правительстве Кыргызской Республики Тайырбек Сарпашев.

По его словам, согласно последним поправкам в избирательное законодательство к голосованию в местные выборы допускаются только те граждане, которые имеют при себе ID-карточку, то есть паспорт гражданина КР и прошедшие биометрическую регистрацию.

«В предстоящих осенних выборах в местные и городские кенеши тоже будут допускаться избиратели только с ID-карточкой и биометрической регистрацией. Осенние выборы пройдут во всех районах и городах с общим охватом 85% территории страны. Поэтому призываем граждан у кого еще остались старые паспорта заменить на ID-карточки. По нашим данным по республике порядка 10 тыс. человек имеют паспорта 1994 года образца», – сказал Сарпашев.

Глава ГРС также сообщил, что в прошедших выборах впервые в своей жизни проголосовали 2 тыс. 592 избирателя, которые в день выборов перешагнули и достигли 18 летного возраста. «Таким образом, список избирателей будет обновляться на постоянной основе» – пояснил Сарпашев.

Управление уголовного розыска ГУВД г. Бишкек задержала группу лиц занимавшихся на территории города Бишкек угонами авто

С заявлением в милицию обратился бишкекчанин 43-летний К.Н. о том, что в ночь с 27 по 28 марта 2016 года неизвестные лица угнали автомашину марки бус «Мерседес», припаркованного возле дома заявителя по улице Айни и скрылись в неизвестном направлении.

Также, с заявлением в милицию обратился бишкекчанин 52-летний Г.В. о том, что в ночь 27 по 28 марта 2016 года неизвестные лица угнали автомашину марки «КИА» припаркованного по улице Серафимовича, возле дома заявителя и скрылись в неизвестном направлении.

При проведении оперативно-розыскных мероприятий за совершения данного преступления сотрудниками городского отдела милиции №3 УВД Ленинского района совместно с отделом по борьбе с транспортными преступлениями управления уголовного розыска ГУВД г. Бишкек, в одном из сел Чуйской области были задержаны следующие лица:

18-летний К.А. уроженец Ыссык-Кульской области, ранее судим по ст.172 УК КР 2015 года ст.164 УК КР 2014 года.

18-летний А.Б. уроженец г. Бишкек, ранее судим по ст.167 УК КР 2014 года.

20-летний А.Э. уроженец Ыссык-Кульской области

 

 

 

 

 

 

 

Пограничники задержали контрабандный груз

Отдел по связям с общественностью и СМИ Государственной пограничной службы Кыргызской Республики сообщает, что 28 марта 2016 года в местности Эки-Таш Баткенского района пограничники  Управления ГПС КР по Баткенской области задержали гражданина Кыргызстана, который на автомашине  марки  “Hyundai Porter попытался вывести из Кыргызстана в Таджикстан 61 мешок курута (общий вес – 1460 кг)  приблизительная сумма задержанного контрабандного груза составила  около 200 тысячи сомов.

После составления соответствующих документов задержанный гражданин и контрабандный груз передан сотрудникам территориального отдела Государственной таможенной службы КР.

Митингующие требуют трансформации земель в новостройках. А что думаете вы?

На Старой площади Бишкека проходит митинг, в котором участвуют около 50 человек. Они требуют трансформации земель в новостройках вокруг столицы. При этом митингующие требуют выхода к ним премьер-министра Темира Сариева.

Напомним, что новостройки Бишкека давно являются головной болью как мэрии, так и правительства. Жители новостроек утверждают, что не захватывали земли. При этом они вынуждены признать, что не обладают правами на эти земли. Поэтому они требуют такие права им предоставить.

Власти понимают, что в 17 новостройках Бишкека люди живут нелегально. Это мешает им пользоваться медицинскими и образовательными услугами. С другой стороны есть опасения, что если на незаконно захваченные земли будут выданы правоустанавливающие документы, то это повлечет новые массовые захваты земель вокруг столицы.

И, кстати, обратите внимание, что митингующие вышли на площадь с прошлогодними плакатами.

А что думаете по этому поводу вы?

Источник: Заноза.кж

Госуправление и революции: найдите грабли, чтобы наступить

В Бишкеке 24 марта были задержаны оппозиционные деятели Кубанычбек Кадыров и Бектур Асанов, а на следующий день – Эрнест Карыбеков. 26 и 27 марта их вопрос рассмотрел Первомайский районный суд Бишкека и избрал в отношении всех троих меру пресечения в виде заключения под стражу в СИЗО ГКНБ сроком на 2 месяца.

На выходные нам показали по телевизору весьма качественную видеозапись разговора внутри легкового автомобиля, произошедшего, как сообщается, 10 марта между Дастаном Сарыгуловым и Эрнестом Карыбековым. Впервые о “врагах народа” президент заговорил на субботнике в Ботаническом саду 12 марта, то есть как раз после встреч Сарыгулова с Карыбековым.

До этого, 21 марта, в Интернете появилась аудиозапись разговора между Кадыровым, Асановым и еще одним оппозиционером – Дуулатом Турдуналиевым, которые говорили о подготовке к митингам протеста во всех регионах страны, раздаче денег и дележе властных кресел. Но такие разговоры велись, ведутся и могут всегда вестись на любых встречах на кухне, во дворе, в бане, если кто-то недоволен властью.

Теперь власти должны до 12 мая, во первых, доказать и показать общественности, что все эти записи аутентичны, во-вторых, что были публичные призывы, и в-третьих, что кроме разговоров участники этих встреч проводили и какие-то реальные действия, нацеленные на осуществление своих намерений. Иначе просто разговоров может оказаться недостаточно для компоновки состава преступления.

Оппозиция готовила большой митинг, который намеревалась провести 24 марта в Оше, однако после опубликования первой аудиозаписи, отменила его, что явилось отступлением от сценариев 2005 и 2010 годов – тогда оппозиционеры никаких своих акций ни под какими угрозами или другими действиями власти не отменяли. Тем более что они называют запись подделкой и монтажом.

Однако сами власти как бы пытаются найти и наступить на грабли, с которыми 11 лет назад познакомился Акаев, а потом через пять лет отыскал и наступил Бакиев. Эти грабли – не только аресты оппозиционеров перед протестными выступлениями, но и вообще вся политика и действия, когда интересы узкой группы людей ставятся выше общественных, при этом связь с народом осуществляется только односторонняя.

Можно ли считать непубличные разговоры попыткой захвата власти?

Да.

Нет.

Встретиться и выслушать тех, кто недоволен властью, для обладателей высоких кабинетов снова считается ниже их достоинства. Даже во время редких поездок по регионам и якобы непосредственных встречах с массами говорят только представители власти, вслед за кем выступают их же представители на местах, которые рапортуют о своих успехах и хвалят первых.

На этом погорели оба предыдущих президента, которые самоизолировались от народа и действовали в искусственно созданной среде из подхалимов, карьеристов и очковтирателей. Последние были более доступны для общения, но этим как раз и злоупотребляли, представляя себя единственными и незаменимыми посредниками между народом и властью.

Вместе с монополией на насилие, власти приватизировали и монопольное право на информацию, когда со всех каналах телевидения, который в Кыргызстане пока остается главным источником информации для масс, льется только елей, а любой негатив связан только с противниками власти. Это тоже старые грабли – Акаев или Бакиев тоже не сходили с экранов телевизора, но чем это кончилось, все мы видели.

Все обладатели высоких кабинетов становятся заложниками власти и у них уже не возникает вопросов типа: А вдруг те, кто их критикует, хоть в чем-то правы? Может быть, к некоторым из высказываемых идей стоит прислушаться? А если оппозиция искренне заботится об улучшении правления страной? И так далее. Они сами начинают противопоставлять себя народу, которому не оставляют ничего, кроме как протестовать.

Власти сами усугубляют ситуацию, назначая на различные ключевые должности если не бездарных, то совершенно не соответствующих предъявляемым требованиям людей. Народ все это видит и знает, кто чего стоит, что вызывает справедливый протест, но поделать ничего не могут. В результате они поддерживают тех, кто их выслушивает и солидарен с их настроениями.

Такая система совершенно убивает конкуренцию и настраивает все население не на улучшение своих навыков или совершенствование способностей, а на поиски знакомых, родственников и друзей, которые могли бы помочь им в решении тех или иных возникающих вопросов, да пусть даже в карьерном росте. В результате получается закрытое общество, которое властвовало в СССР в течение 70 лет.

Все видят, насколько несправедливо проводятся выборы, как действует административный ресурс, начиная с агитации президента и кончая допотопным давлением на учителей, школьников, пациентов врачей или посетителей домоуправлений со стороны местных чиновников. А нам все это преподносится как вершина честности и предлагается все политические проблемы решать только через такие выборы.

Это то же самое, как сделать суды всех уровней полностью от себя зависимыми, а потом всех граждан по любым вопросам отсылать в суды – мол, как решит суд, так и будет, мы ни во что вмешиваться не имеем права и не будем. Но все видят, во что эти суды превратились, как они разрушают все остатки справедливости в обществе, превращая его в сообщество гнилых бюрократов.

Такая политика загоняет проблемы внутрь и уже ни один правозащитник, тем более – омбудсмен, не защищает оппозицию. Она, конечно, во многом виновата сама, но пианисты играют как могут. И что делать недовольным, если формальная оппозиция, которая отобрана в ЖК и ей позволено быть недовольной официально, молчит, причем, только до поры до времени.

И если вдруг произойдет очередная революция, никто ведь в стране не скажет ни одного доброго слова и про очередную ушедшую власть. Но болезнь проникла еще глубже – даже после смены власти через выборы, мало кто будет хвалить прошлую власть, вот до чего довели страну всезнающие и непогрешимые помощники.

Главной проблемой всех властей, всегда становящихся “новым классом”, как писал еще Милован Джилас, становится то, что никто не хочет честно конкурировать со своими соперниками, все уже приучены, что получить заветный мандат или желаемое кресло возможно только обходными путями, вплоть до переворотов. И вынуждают их к этому сами власти, которые действуют точно так же.

Это они определяют у себя в узком кругу, кого на какой пост назначить, совершенно независимо от способностей, послужного списка и потенциальных возможностей избранника, и только потом подгоняют его официальную биографию под необходимые критерии. И оппозиция делает то же самое, выбирая для себя более походящие персоны.

Новые грабли – только критика семейного правления, которое было однозначно порочным, но не менее порочны и нынешние, якобы справедливые методы. Какая разница, кто несправедливо управляет – супруга, сын, дочь, племянник президента, или его бывшие помощники? Нам же постоянно и регулярно повторяют, что раз у власти нет “семейки”, значит, все хорошо. Может, просто нечем другим хвалиться?

Никто бы ни слова против власти не сказал, если б они создавали благоприятные условия для всех, если в стране начало возрождаться и расти производство, если бы каждый честный предприниматель чувствовал как общую, так и индивидуальную заботу и не считал нужным искать себе “крышу” в верхах, если бы новое поколение воспитывалось так, что вообще не понимало, что такое коррупция…

Но страна становится похожей на фермерское хозяйство, которое поручает чабану (его могут даже выбирать) пасти тысячу овец, а он добавляет в стадо 10-15 своих баранов и заботится в дальнейшем только о них, а остальные пасутся на джайлоо лишь постольку, поскольку. При этом чабан на всех собраниях хвастает, что создал справедливую систему выпаса, уничтожив действовавшую ранее семейную систему.

Разговор Кадырова, Асанова и Турдуналиева о готовящихся беспорядках. I

Разговор оппозиции в офисе Бекназарова о готовящихся беспорядках. II

Нарын Айып

Источник: zanoza.kg 

Источник – zanoza.kg

Темир Сариев провел совещание по вопросам безопасности и укрепления государственной границы

Премьер-министр  Кыргызской Республики Темир Сариев провел рабочее совещание по вопросам безопасности и укрепления государственной границы.

Обсуждая последние события, произошедшие на кыргызско – узбекской границе, Темир Сариев отметил слаженную работу всех соответствующих государственных органов в решении данного вопроса.

Глава Правительства подчеркнул, что необходимо усилить работу в вопросе безопасности и укрепления государственной границы.

«В решении приграничных  вопросов государственные органы должны вести слаженную и качественную работу во избежание повтора подобных ситуаций. Мы должны продолжить работу на основании ранее принятых постановлений по инвентаризации и переводу в государственную собственность объектов, находящихся на территории Кыргызстана, но используемых другими странами», — сказал Темир Сариев.

В ходе совещания Премьер-министр Темир Сариев поручил в целях усиления информационной безопасности, улучшения качества связи и Интернета в стране, начать строительство новой дополнительной станции РРС в Аксыйском районе Джалал-Абадской области Кыргызской Республики.

Оппозициячыл Жолдош Орозовду бүгүн бийликтин тарапкерлери сабап кетишти

2010-жылдын 7-апрелинде болуп өткөн Апрель төңкөрүшүнүн активдүү катышуучусу, азыркы бийликке да оппозициялык көз карашта жүргөн Кыргызстандын патриоттук күчтөрүнүн координациялык кеңешинин мүчөсү Жолдош Орозовду телефондон коркутуулар көбөйүп, бүгүн сабап кетишти. Бул тууралу Жолдош Орозов өзүнүн фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады

“Урматтуу Достор! Мен кечээ Бишкек шаарынын мэриясына Унгар-Тоо боюнча патриоттук күчтөрдүн координациялык кеңешинин 30-мартта саат 10-00 өткөрө турган митингинин билдирүүсүн таштагам. Бүгүн эртең менен эрте Ички иштер министрлигинин 10-бөлүмү, Биринчи май райондук акимиаты эскертүү иретинде жазышкан кагаздарын беришип, митингди Максим Горькийдин эстелигинин жанында өткөргүлө, эгер ал жерде өткөрбөсөңөр чара көрөбүз, соттун чечими бар, 24-марттан 10-апрелге чейин Ак үйдүн жанына митинг өткөргөнгө болбойт, деп эскертип, соттун чечиминин көчүрмөсүн беришти. Аларга мен бул конституциялык укугум экенин, ал Кыргызстанда жашаган адамдардын укугу, эркиндиги, экенин түшүндүрдүм.
Бүгүн, саат кечки төрт чамаларында мага номери секреттелген телефондон бирөө чалып, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп,(аны сиздерге мен уялып жаза албай жатам) негизгиси Темир Сариевге тийишпе, деген сөзүн айтты.
Кечки саат жетилерде балдар менен жолугушуп, сегизден өткөндө үйүмө маршуруткадан түшүп келе жатсам “Гольф-3” маркасындагы автомашина алдыма келип токтоп, машинадан 3 жаш, денеси чон балдар түшүп: “эртең өткөрүлгөнү жаткан митингди сен кылып жаткан турбайсыңбы, эмнеге элди бузуп өткөрүп жатасыңар, силердин башыңарда ким турат? деп жулкуп сабаганга чейин барышып, кийип турган курткамды жулкушуп, төш жагын айрып салышты. Эртең митинг жакшы бүтпөсө бизден жакшылык күтпө деп кетип калышты. Мен Бакиевдин учурунда да ушундай кордуктарды көрүп. токмок жеген күндөрүм болгон, бирок эч кимге колко кылган эмесмин. Мени капа кылып жаткан нерсе азыркы бийлик башында тургандар менен чогуу Бакиевдерге каршы күрөшүп, эми ошолордон көргөн кордук 100% кайталанып жатканына ыза болуп турам. Мейли мени кеткен эки бийлик да коркута алган эмес, булар да коркута албайт. Кыргыз элинин жери кертилип сатылып жатса кайдыгер карап жатып алмак белем. Урматтуу достор, азыркы бийлик ким катачылыктарын айтып чыкса душман катары көрүп, куугунтуктап, камап жатышат. Мына булардын жүзү!”
Жолдош Орозов, Апрель төңкөрүшүнүн катышуучусу

Каныбек Үрүстемов, депутат: "Өкмөттөн "Өзбекстандын аймагында турган Үңкүр-Тоо" деген протокол келгени анык"

Кыргыз өкмөтүнөн “Өзбекстандын аймагында жайгашкан Үңкүр-Тоодогу радио-релейлик станцияларды башка жакка көчүрүү тууралуу” протокол келгенин Кербен шаар кеңешинин төрагасынын орун басары Калыбек Үрүстемов “Азаттыкка” тастыктады:

-Бизге келген протоколду шаар кеңеште караганбыз. Ошондуктан, шаар кеңештин мен кол койгон токтомунда жазылып турат. Эмне үчүн радио-релейлик станция турган жер Өзбекстандын аймагы деп турат, ошого премьер-министр тастыктама берсин деп кайра өздөрүнөн тактоо сураганбыз. Анткени, бизге келип түшкөн протоколдо кыргыз-өзбек чек арасында турган деп эмес, “Өзбекстандын аймагында турган” деп жазылуу болчу. Үңкүр-Тоо стратегиялык обьект, эгер радио-релейлик станцияны көчүрүп кетсек, Өзбекстан тоону алып коет деп чырылдап, өзүбүздүн токтомду чыгарганбыз. Үңкүр-Тоону ким, качан, эмне үчүн Өзбекстанга берип жибергени белгисиз болуп жатат.

Кербен шаар кеңеши 22-мартта чукул жыйынга чакыртылып, анда Үңкүр-Тоодо жайгашкан радио-релейлик станцияны көчүрүү боюнча кошумча жер бөлүп берүү маселесин карашкан. Депутаттар бир ооздон кошумча жер бөлүүгө каршылыгын билдирип, кеңештин токтомун өкмөткө жолдошкон.

Ошол эле учурда өкмөт Үңкүр-Тоо боюнча протоколду жокко чыгарууда. Өкмөттүн маалымат кызматы социалдык тармактарда кайрадан пайда болгон “Үңкүр-Тоо Өзбекстандын аймагында” деген “өкмөттүн протоколун” кезектеги чагым деп атады. Өкмөттүн маалымат менен камсыздоо бөлүмү тараткан билдирүүдө “Мындай жалган маалымат таратуу – айрым бир адамдардын өзүнө саясий упай топтоо аракети. Өкмөт башчы да, башка эч бир расмий адамдар да мындай протоколго кол койгон эмес”, деп айтылат.(ZKo)
Булак: “Азаттык”

Жогорку Кеңеш Аксы районунун Унгар-Тоосунда жайгашкан “Кербен” (РРС-24) радиорелейлик станциясын башка жерге көчүрүү жөнүндө маселе карады

Бүгүн, 29-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Аксы районунун Унгар-Тоосунда жайгашкан “Кербен” (РРС-24) радиорелейлик станциясын башка жерге көчүрүү жөнүндө маселе каралды. Бул тууралуу ЖК басма-сөз кызматы жазып чыкты.

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин мүчөлөрү бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын министрликтери менен ведомстволорунун маалыматтарын эске алып, төмөнкүлөрдү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштады:

  1. Аксы районунун Унгар-Тоосунда жайгашкан “Кербен” (РРС-24) радиорелейлик станциясын башка жерге көчүрбөстөн азыркы турган ордунда калтыруу жана аталган станциянын ишмердүүлүгүн күчөтүү.
  2. Бул маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
  3. Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасына Кыргыз Республикасынын Премьер-министринде болгон кеңешменин 2015-жылдын 11-ноябрындагы №18-177 протоколунун бурмалангандыгын текшерүү жана юридикалык баа берүү.
  4. Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетине жогоруда баяндалган маселелер боюнча толук маалыматтарды 2016-жылдын 20-апрелине чейин жөнөтүү боюнча талаптар каралган.

 

 

Качкынбек Булатов, укук коргоочу: "Баткен районунда пара алып кармалган Абдурасул Таштанов, кайра кызматына отурду"

2015-жылы 31-декабрда Баткен облусуна караштуу Кара бак айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси Абдурасул Таштанов жер бөлүштрүү аукцион өткөрүп жатканда, мыйзамдын чегинен чыгып, жерди аукцион учурунда Д.Гафуровдун кызыкчылыгына чечтирип берүүгө алдын-ала соодалашкан. Убада боюнча 30 миң сом бермек. Д.Гафуров пара сурап жатат деп күч органына билдирүү жасаган, Баткен облустук ИИБ атайын ыкчам топ түзүп, кармоо операциясын ийгиликтүү ишке ашырган. Жыйынтыгында А.Таштанов пара алып турган жеринен кармалып, бардык юридикалык шарты менен иш жүргүзүлгөн.

Кармоо учурунда, видео тасмага түшүрүлүп, Баткен ИИБ ыкчам тобуна, коррупцияга каршы иш алып барган жана аракеттери мактаганга татыган. Бирок көп өтпөй эле Таштанов Абдурасул жоопкерчиликтен бошоп, кайра эле өз кызматында иштеп жатат. Мындай жорукка жергиликтүү тургундар аябай нараазы болушууда. Көрсө А.Таштановдун колдаочусу Ак үйдүн шоопуру экен деп айтылып жүрөт.

Тергөөдө А.Таштанов пара алганын мойнуна алган, ошондой эле Баткен райондук соттук териштруудө, пара алгандыгы тууралуу кылмышы толугу менен далилденет. Сот процессинде А.Таштанов Д.Гафуровдан кечирим сураганын, сот Каримжанов И.Г. эске алып, Д.Гафуровдун 30 000 сом чыгымын өндүрүп, ошондой эле А.Таштановго 150 000 сом айып салган.

Чындыгында Таштанов Сотту жакшы эле майласа керек, болбосо тергөө убагында эле, тергөөчү акчасын алып ишти бүтүрүп салмак. Канча эмгек менен ыкчам топ милициянын аракеттери текке кетти, ошо сотко иштеп бергендей эле болушту. Таң калычтуусу пара берген Ж.Гафуровду баш кылып, кармаган ыкчам топ оперлерди А.Таштанов шылдыңга алып, кайра эле өз кызматында иштеп жүрөт дейт. Кызыгы мындай кылмышкер деп таанылган А.Таштановду айыл өкмөтү, райондук акимият админстрациялык кодексти бузгандыгы үчүн, пара алып калгандыгын эске албай, кайра эле материалдык жоопту кызматка коё береби? Коррупция менен ушинтип курөшөбү? Же өкмөттүн талабын айыл өкмөттөр уруп ойнобойбу? Айылдык жер адиси дагы Ак үйдөӊ «крыша» күтүп, жер сатуу майлуу сүттүү болуп чоң бизнеске айланганбы? Айыл өкмөтү, Айылдык кеңеш депутаттары, райондун акими мындай жат көрүнүштү тез арада чечпесе нараазычылык акциянын майданына кабылат.

Качкынбек БУЛАТОВ, укук коргоочу

Бишкек шаарында турган Аксы районунун элине атайын Кайрылуу

Бишкек шаарында жашаган Аксы райондук коомунун айрым мүчөлөрү менен кечээ өлкөнүн Өкмөт башчысы Темир Сариев жолугуп, Унгар- Тоону (Үңкүр-Тоону) биз өзбектерге берген жокпуз деп калп айтып, оппозицияга ишенип силер 30-мартта аксылыктарды митингке алып чыкпагыла деп өтүнгөн экен. “Аксы” коому өзү ушул аталган митингди уюштуруу боюнча  штаб жетекчи кылып шайлаган Асан Турсункулов деген жигит, Фейсбук аркалуу аксылыктарды 30-мартта митингге чыкпагыла, Унгар тоону бийлик өзбектерге бербептир деп,  элге жалган  маалымат таратып жатат.

Урматтуу Аксы районунун кулундары,

Силер буга ишенбей, Кербен шаарынын депутаттары чыгарган чечимге ишенгиле! Алар Сариев Унгар-Тоону Өзбекстандын территорясы деп кол койгон документти колдоруна алган адамдар. Ошондуктан алар Сариевдин “Унгар-Тоодогу радиорелейный станцияларды башка жакка көчүргүлө” деген буйругун четке кагышкан. Ошол Сариевдин чечими бүгүн да өз күчүн жогото элек. Ошондуктан Сариевдин “Унгар-Тоо Өзбекстандын территорясы” деп кол койгон документти жокко чыгарыш үчүн, силер эртең, 30-мартта саат 10:00 Максим Горькийдин эс алуу багына тынч митинге келип, ушул маселени парламентин кароосуна койууга кол кабыш кылгыла. Унгар-Тоону сактап калууга силер демилгечи болсоңуздар, Кыргызстандын башка жерлеринин тургундары силерге көмөктөш болот. Ошондуктан Сариевге кылчактап силер Унгар-Тоону өзбектерге алдырып жиберүүгө себепкер болбогула.

Сариев кечээ киргендерге

“Биз кыргыздын бир сантиметр жерин да өзбектерге бербейбиз” деп айтыптыр. Буга силер ишенбегиле. Себеби мындай сөздү ал “Унгар-Тоону Өзбекстандын территорясы” деп кол койгондон кийин айтып жатат. Бул деген, орустар айткандай, “игра слов”. Сариев Унгар-Тоону Өзбекстандын территориясы деп таанып койгон документ жокко чыкмайынча, Унгар-Тоо өзбектердики болуп тура берет. Андай болбосо эмне үчүн Сариев, “Унгар-Тоодон радиорелейный станцияларды алып чыккыла”, деп Кербен депуттарына буйрук берип жатат. Сариевдин буйругу “Унгар- Тоону өзбектерге бошотуп бергиле” дегенди эле түшүндүрөт, урматуу Аксылыктар.

Кыргызстандын патриоттук күчтөрүнүн координациялык кеңеши 

Азимбек Бекназаров жалганчыбы же Темир Сариевби...?

“Мен Аксыдан жергиликтүү депутат боломун. Бүгүн, Темир Сариевдин маалымат катчысы “Унгар-Тоо боюнча Сариев кол койгон эмес, Азимбек Бекназаров элге туура эмес маалымат таратып  жатат”, – деп маалымат таркатты. Биздин колубуздагы чындыкка дал келген документтерди кайда алып барып катышат. Кыргыздын жери үчүн күйбөгөн атка минерлердин кыргызга кереги барбы?!”, — деп билдирди бүгүн, 29-мартта Кyrgyztoday.kg маалымат агенттигине Аксы районунан өзүнүн атын атагысы келбеген жергиликтүү депутат.

“Мына көрүңүздөр, Темир Сариев 2015 – жыл 11-ноябрда  18-177 номерлүү буйрукка өзү кол койгон. Эми Унгар-Тоодогу РРС-24 Кербен станциясын Унгар-Тоонун таандыгы аныкталганга чейин башка жерге көчүрүү сунушун берген. Унгар-Тоо Кыргызстандыкы, Темир Сариев билбесе билип алсын, аны биз эч качан Өзбекстанга бербейбиз. Бул чырга Азимбек Бекназаровдун эч кандай тийешеси жок”, – деди жергиликтүү депутат.

токтомАксы1 токтомАксы3

токтомАКсы4

 

Гүлжан Шерипбаева, Кyrgyztoday.kg

Кыргызстандын патриоттук күчтөрүнүн координациялык кеңешинин Билдирүүсү

 
Эртең, 30-мартта саат 10-00 митинге “эл чыкпасын” деген максатта премьер министр Сариев, бүгүн өзүнүн маалымат катчысы аркылуу элге жалган маалымат тараттыра баштады. Сариевдин маалымат  катчысы  Унгар-Тоо боюнча Сариев кол койбогон документти Бекназаров элге таратып  жатат деп  Бекназаровго күнөө коюп чыкты.
Бул маалыматтын жалган экенин, урматуу окурмандар, Сиздер Кербен шаарынын депутаттары менен байланышсаңыздар эле билип аласыздар. 2015 – жыл 11-ноябрь Темир Сариев өзү кол койгон  18-177 номерлүү буйругун Кербен шаарынын депуттарына Сариев өзү тапшырган. Аны эми ал кантип тана алат?!
Ошол Сариевдин буйругун Бекназаров эмес Кербендик депутаттар элге жеткиришти. Себеби, Темир Сариев алардан Өзбекстандын территориясы Унгар-Тоодон радио станцияларды башка жакка көчүрүү боюнча чечим кабыл алып бергиле деп талап коюп жатат. Кыргызстандын Кербен шаарында жайгашкан Унгар-Тоону ким жана качан өзбектерге берип салганын, эмне үчүн бул территорияны бүгүн, Сариев Өзбекстандыкы деп атап жатканын ачыкташ үчүн Бекназаров аракет жасап жатса, Бекназаровду “провакатор” деп атап, Сариевдин маалымат катчысы элге “катын ушак” таратып жатат.
Унгар-Тоону өзбектерге алдырбаш үчүн, эртең саат 10-00 Горький паркында өтө турган биздин тынчтык митингине келиңиздер, урматтуу боордоштор! Кыргыз жери Кыргызстандыкы гана болушу керек!
 
Кыргызстандын патриоттук күчтөрүнүн координациялык кеңеши

 

Эртең Бишкектин Максим Горкий атындагы эс алуу багында Унгар-Тоонун Өзбекстанга берилишине каршы митинг өтөт

Биринчи май райондук сотунун кабыл алган чечимине ылайык, Кыргызстандын патриоттук күчтөрүнүн координациялык кеңешинин Бишкек шаарынын борбор аянтында өтө турган тынчтык митинги Максим Горький атындагы эс алуу багына жылдырылды. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын патриоттук күчтөрүнүн координациялык кеңеши билдирди.

Аталган митинг эртең, 30-мартта саат 10:00 Максим Горкий атындагы эс алуу багында болуп өтөт.

 

Трансформация маселесин Өкмөт жылдырууга бел байладыбы?

“Трансформация маселесин буга чейин, бир канча ирет көтөрүп чыктык. Жакында эле 9-февралда Жогорку Кеңештин спикери Асилбек Шарипович кабыл алып, ушул биринчи кварталда Жогорку Кеңеште мыйзам долбоорун көтөрөөрүн айткан. Спикердин айтымында, ведомсвтолор аралык комиссиянын корутундусунун негизинде Өкмөт Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорун алып келмек. Анын негизинде Өкмөттүн өкүлдөрүнүн жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда чоң тегерек стол уюштурдук”, — деп билдирди бүгүн, 29-мартта Кyrgyztoday.kg маалымат агенттигине “Трансформация” кыймылынын тескөөчүсү Бекназар Айталиев билдирди.

“Мамлекеттик экотехникалык инспекция мыйзам долбоорун даярдап жаткандыгын кабарлаган. Бирок андан бери канча убакыт өтсө дагы мыйзам оордунан жылбай жаткандыгына байланыштуу биз бүгүн, 29- мартта митинг өткөрүүгө аргасыз болдук. Өкмөт үйүнүн алдында өткөргөн митингге агро өнөр жай комплексинин төрагасынын орун басары элге чыгып, төмөндөгүдөй маалымат берди. “Өкмөт мыйзам долбоорун толугу менен жактырды. Ведемстволор аралык комиссиянын корутундусун колдойт. Бүгүн  же эртең Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетине киргизебиз” – деп жар салды. Митингге талап коюп келген элдер Өкмөттүн өкүлүнө ыраазычылык билдирип, Жогорку Кеңеш аталган мыйзам долбоорун кароону кечеңдете берсе кайрадан Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгарын баса белгиледи”, – деди Бекназар Айталиев.

транс байке

Митингге аймактардан дагы атайын өкүлдөр келген. Алсак Ысык –Көл облусундагы “Трансформация” кыймылынын тескөөчү өкүлү Учкунбек Сакилов: “Биздин Ысык-Көл облусу боюнча 1991 – жылдан бери трансформацияга кирбеген жерлер бар. Айта кетсек, Түп районундагы айылдар, Тогуз-Булак айыл аймагы, Шаты, Бирлик дегеле жалпысынан алганда 802 гектарды түзөт. Жети – Өгүз районунун Дархан айылында 17 гектар көйгөйлүү жер бар. Ушул жерлерде жашаган миңдеген адамдар трансформациясы бүтпөгөндүгүнө байланыштуу кыйналып жашап жатышат. Булардын маселесин, Өкмөт менен Жогорку Кеңеш тез аранын ичинде чечип берүүсүн талап кылабыз”, – деди.

IMG-20160329-WA0000

IMG-20160329-WA0003

IMG-20160329-WA0005

 

Гүлжан Шерипбаева, Кyrgyztoday.kg

Жалал-Абадда Асилбек Текебаевди эскерүү жана китептин бет ачаары болуп өттү

«Ата Мекен, элим-жерим канатым, Сен тирегим, бүт өмүрлүк санатым…» Асылбек Текебаев

Бүгүн, 29-мартта Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрында коомдук жана саясий ишмер, чыгаан журналист, Ата-Журтунун чыныгы патриоту Асылбек Текебаевге арналган эскерүү кечеси жана ага арналып чыгарылган китептин бет ачаары болуп өттү деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Коомдук жана саясий ишмер, калеми курч журналист Асылбек Текебаев мындан төрт жыл илгери, 2012-жылдын 28-мартында жүрөк оорусунан улам 51 жашында каза болгон. Анын көзү тирүү болгондо бүгүн 55 жашка толмок.

Коомдук жана саясий ишмер, чыгаан журналист Асылбек Текебаевди эскерүү жыйынына Жалал-Абад шаарынын тургундары менен жаштары, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары, КРнын социалдык коргоо министри Кудайберген Базарбаев, коомчулуктун өкүлдөрү жана апасы Тилла эне, бир туугандары, үй-бүлөсү менен жердештери катышты.

– Менин иним Асылбек Текебаев жөнүндө журналист-публицист жана жазуучу Кудайкул Жусупов «Кыргызстандагы демократиялык кыймылдын көрүнбөгөн активдүү карманы» деп айтканы чындык. Иним жөнүндө жазылган китеп ошол мезгилдин адамдары жөнүндө жазылган деп айтаар элем. Бийлик үчүн, кызмат үчүн иштебегендер көп болгондо гана мамлекет оңолот. 2010-жылы Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаев «Асылбекке кандай кызмат берели?» дегенде, мен биздин үй-бүлөдөн мамлекеттик кызматта бирөөнүн эле иштегени жетишет деп жооп бергенмин. Апамды ээрчип, бала чагыбызда бир нече айлап пахта тергенбиз. Мен физик боломун деп, ал эми иним Асылбек журналист боломун деп ниет тилек кылганбыз жана ал максаттарыбызга жетиштик,- деди КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Өмүрбек Текебаев.

КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары Асыя Сасыкбаева, Абдымуктар Маматов, Сайдулла Нышанов жана КРнын Өкмөтүнүн социалдык коргоо министри Кудайберген Базарбаев маркум Асылбек Текебаевдин коомдук саясий ишмердүүлүгү, Кыргызстандын чыныгы патриоту жана жөнөкөй адамгерчиликтүү таза инсан болгондугу туурасында өз ойлорун ортого салышты.

– Тилла апа, мамлекеттин кызматына жараган азамат уул-кыздарды тарбиялап өстүргөндүгүңүз үчүн Сизге терең ыраазычылыгымды билдиремин,- деди КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Асыя Сасыкбаева.

– Биз бүгүн кыргыз элинин ар-намыстуу чыныгы патриот уулу, калеми курч журналист, коомдук жана саясий ишмер Асылбек Текебаевди эскерүүгө арналган иш чарага жана анын ишмердүүлүгү баян эткен китептин бет ачаарына чогулуп олтурабыз.  Калеми курч журналист, кыргыз элинин чыгаан патриоту, коомдук жана саясий ишмер Асылбек Чиркешовичти биздин арабыздан шум ажал 2012-жылы 29-мартта  алып кеткен. Кыргыз элинин жашоо-турмушун жакшыртуудагы анын көптөгөн асыл ой-максаттары өзү менен кошо кете берди. Турмуштун башка салганына көнбөскө, алмустактан келе жаткан жашоонунун мыйзамына баш ийбеске айла да, чара дагы  жок экен.

Асылбек Текебаев алгачкы эмгек жолун  Базар-Коргон райондук «Эмгек жалыны» газетасында кабарчы болуп иштөө менен  баштаган. 1991-жылы Жалал-Абад областы өз алдынча бөлүнүп чыккандан кийин, областтык «Акыйкат жарчысы» газетасында кабарчы, башкы редактордун орун басары кызматтарында чыгармачылык менен демилгелүү иш алып барды. Кийинчерээк Жалал-Абад шаардык «Мезгил үнү» газетасында башкы редактор катары өзүнүн уюштуруучулук жөндөмдүүлүгүн дагы ар тараптан кеңири ача алды. Жалал-Абад областынын тарыхында биринчи жолу эркин коомдук-саясий «Позиция» газетасын чыгарып, анын башкы редактору катары эмгектенди. «Сентябрь» телеканалын ачып, анын уюштуруучусу жана жетекчиси катары татыктуу иш алып барды.

Асылбек Текебаев чыгаан журналист катары коомдук турмушта плюрализм менен демократияны орнотууга өзүнүн татыктуу салым кошо алды деп ишенимдүүлүк менен  айта алабыз. Коомдук турмуштагы жат көрүнүштөргө ал чыдап тура алчу эмес. Жаңы кыргыз тарыхындагы эки ыңкылаптын башында дагы тайманбастан карапайым эл тарапта, чындык тарапта болду. Чыркыраган чындыкты туу туткан Асылбек Чиркешович карапайым элдин турмушун биринчи орунга коюу менен аны ар тараптуу кең-кесири чагылдыруу менен ошол кездеги бийликтин туура эмес саясатын ачык эле  сындагандардын сап башында болгон. Акаевдин авторитардык-диктатордук күчтүү бийлигинин тушунда өлкөнүн турмушундагы адилетсиздикти, туура эмес жүргүзүлүп жаткан саясатты ар ким эле ачык айтып чыга алчу эмес. Ал анын запкысын дагы көп тартты, бирок эч качан ийилип сынбады, майтарылбады,  башын жерге салбай кайра чыйралып турду. Кыргыз журналистикасынын тарыхында Асылбек Текебаев жаңычыл көз караштарды коомчулукка ачык алып чыккандардын алдыңкы сабында болгон  десек жаңылган болбойбуз.

Асылбек Текебаев коомдук жана саясий ишмер катары дагы өзүн эң мыкты жактарын көрсөтүүгө жетишти  десек болот. Ал Базар-Коргон райондук кеңешинин депутаты катары райондун социалдык-экономикалык жана маданий турмушун жакшыртууга опол тоодой эмгек жумшагандыгын эли-журту жакшы билет. Райондук кеңештин депутаты мезгилиндеги анын жасаган иш аракеттери адилеттүүлүк менен бааланып, Базар-Коргон районунун борборундагы көчөгө анын ысмы ыйгарылды. Асылбек Чиркешович саясий ишмер катары дагы өзүн ар тараптан аттын кашкасындай  көрсөтө алды десек болот. Ал көп жылдар бою «Ата Мекен» социалисттик партиясынын Жалал-Абад областындагы координатору катары үзүрлүү  эмгектенген.

Биздин жердешибиз Асылбек Текебаев аз, бирок өтө саз жашады деп ишенимдүү айта алабыз. Бүгүн көзү тирүү болгондо бүгүн 55 жашка толмок. Анын ишке ашыра албай калган асыл ой-максаттары менен аруу-тилектерин калемдеш санаалаш достору, партиялаштары менен бир туугандары, өмүрлүк жары менен уул-кыздары татыктуу улантып келе жатышат. Бүгүнкү  иш чаранын өзү  дагы мунун айкын  бир мисалы десек туура  болот,- деди өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов.

Коомдук жана саясий ишмер, чыгаан журналист, Ата-Журтунун накта патриоту Асылбек Текебаевди эскерүүгө арналган жыйында анын мугалимдери, классташ курбу достору, калемдеш кесиптештери менен жердештери анын өмүрү жана ишмердүүлүгү туурасындагы жакшы ой-пикирлерин жана эскерүүлөрүн ортого салышты. Эскерүү кечеси өнөрпздордун кеңири программадагы концерттик программасы менен коштолуп барды. Кеченин катышуучуларына жазуучу жана публицист, журналист Кудайкул Жусупов тарабынан жазылган  Асылбек Текебаев туурасындагы китеп белек катары тартуу кылынды.

Жолдошбай Осмонов, журналист

Мурадил Данияров, ырчы: “Чыгармачылык дүйнөгө аралашкандан кийин “до” нотасынан баштап, акыркы “до” нотасына чейин даяр болуш керек”

– Мурадил, учурда канча жаштасыз?

– Азыркы учурда 22 жаштамын. Жалал-Абад шаарынын кулуну боломун. Кесибим боюнча юрист.

– Ушул таптарда эмне менен алексиз?

– Азыр жаңы  ырларды жаздыруу менен алек болуп жатамын. Ар кандай кино тасмаларга чакыруу болгондуктан өзүмдү кино тармагынан да сынап көрөюн да ал тарапка да аракет кылып жатамын.

– Жаңы ырларды жаздыруу менен алектенип атасыз, алгачкы ырыңды кайсы багытка арнадыңыз?

– Ырларды жаздырууда  ар тараптуу жана багыты көп болот деп ойлоймун. Анткени ар жаралып жаткан чыгарма жакшылыкка жана сүйүүгө кыздардын сулуулугуна жана башка тараптарга кете берет. Андыктан мен элим жеримди сүйгөн патриот болгондуктан, Мекенге болгон ырларды жаратып, алгачкы ырымды кыргыздын сулуу кыздарына арнадым.

– Алгачкы сиз жараткан ырдын кыйынчылыгы жана кубанычы эсиңизде калдыбы?

– Албетте, кыйынчылык көп болду. Бир эле ырдын жаралышы үчүн бир канча убакыт өттү. Ошол бир эле жазылган ыр бир нече ирет жазылып, 3 мүнөттүк ыр көптөгөн талаш-тартышка алып келип, оюңдагы нерсени алып чыгуу кыйынчылыкка тургандыгы байкалды. Кубаныч жагына токтоло кетсек, биринчи жолу клипти туугандарыма көрсөттүм. Өзүңдүн алгачкы кубанычка чек жок да. Досторума өзүм чалып, өзүмдүн жакшы жаңылыгымды өзүм жарыя кылдым.

– Аранжировка жасоодо дегеле клип тартууда канча акча каражаты сарпталды?

– Чындыгын айтканда бир жумуштун башын баштап бүтүрүп кетүүнүн азабы менен тозогун, кыйынчылыгы менен кыйын кырдаалын эң жакшы болбосо дагы жакшы түшүндүм. Канчалык кыйналсам дагы ошол кыйынчылыктар мага жагып атты. Кыйынчылыктын артын ийгилик коштойт эмеспи.

– Азыр сизе тийиштүү канча ырлар бар?

– Азыркы учурда өзүмдүн репертуарымда “Сулуулар кайдан жаралат?”, “Бул сүйүү” деген эки ырым жарыкка чыкты. Жакында үчүнчү ырды жаздырабыз. Сөзү жана обону даяр. Учурда чыгармачылыктын үстүндө кызуу иштеп жатабыз.

https://youtu.be/nEnMrsW_teY?list=PL3JmammKNxC0wZCjvmM9tcjJKW6t-9RbC

– Чыгарамчылыкка качандан бери аралаштыңыз?

– Мен, чыгармачылык аралашканыма 2015-жылы сентябрдан бери аралашып келе жатамын. Тактап айтканда 7 ай эле болду. Кудай буюрса, 7 айдын ичинде  жакшы ийгиликтерге жетишип, 2 ыр жаратып, бир канча кино тасмаларга тартылдым.

– Негизи эл арасында буга чейин аралашып жүргөнсүзбү?

– Чыгармачылык чөйрөгө аралашканыма 5 жыл болуп калды. Тойлордо ырдап, элге кызмат кылып дегендей. Эми мындан кийин өзүмдүн кийинки багытымды шоу тарапка толугу менен арнаймын деген тилекте турамын.

– Музыкалык аспаптарды ойногонго жөндөмүңүз барбы, кайсыл аспаптар?

– Аккардеонду мен 3-класстан баштап эле ойногонмун. Гитара ойногонго жөндөмүм бар. Келечекте көптөгөн музыкалык аспаптарды багындырамын деген ойдомун.

– Учурда элдер жасалма үндөн тажап, жандуу ырдаган ырчыларга ооп бара жаткандай. Сиз, “оппа” дегенде эле “фонограмма” менен баштаган жоксузбу?

Мен “фонограмма” ырдабаймын деп актанбаймын. Бирок менен жандуу ырдаганга дагы мындай ырдаганга дагы даярмын. Анткени аккардеон менен кантип жандуу ырдаса болот? Ошондуктан чын эле чыгармачылык дүйнөгө аралашкандан кийин “до” нотасынан баштап, акыркы “до” нотасына чейин даяр болуш керек деп ойлоймун.

– Алдыдагы кадамдарды кайсыл тарапка таштайын деп турасыз?

– Алдыга койгон кадамдар алгач аруу жана таза болуп турса, кыялдарым дүйнө жүзүнө таанылуу, ата – энемдин ак сүтүн актоо. Кыргыз элиме жагымдуу ырларды тартуулап, “КР Эмгек сиңирген артисти” деген наамды алуу. Мына ушулардын баары жана айтылбай калган аруу тилектерим ишке ашса экен деп ойлоймун.

– Маегиңизге рахмат.

 

 Гүлжан Шерипбаева, Кyrgyztoday.kg

ЧМ-2018: Бүгүн Кыргызстан менен Тажикстандын футболчулары беттешет

Бүгүн, 29-мартта Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында футбол боюнча кыргыз жана тажик улуттук курама командалары беттешет. Оюн 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандап алуу беттештеринин экинчи баскычынын акыркы туру болуп саналат.

Мелдеш кечки саат 19:00дө Дүйшөмбүнүн борбордук стадионунда өтөт. Таймаштын жүрүшүн Кыргызстандын аймагында Коомдук биринчи канал түз алып көрсөтөт.

Кыргызстандын формасы-кызыл, Тажикстандыкы ак түстө болот.

Кечээ таймаш алдындагы басма сөз жыйыны уюштурулган. Кыргызстандын улуттук курама командасынын Башкы тренери Александр Крестинин кызыктуу оюн болот деп күтүп жатат. “Стадион элге жык-жыйма толоруна үмүттөнөм. Албетте, кызыктуу оюн күтөбүз. Эки команданын тең бири бирине көрсөтө алгыдай таланты бар. Тажикстан ар дайым Кыргызстан менен кызыктуу ойнойт”, -деген тренер.

2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна жана 2019-жылдагы Азия кубогуна тандап алуу беттештеринин экинчи баскычында Кыргызстан “В” тайпасында Австралия, Тажикстан, Бангладеш, Иордания курамалары менен ойноду.

7 оюндан кийин Австралия 18 упай топтоп көч башында. Андан соң үч упайга кем чогулткан Иордания курамасы жайгашууда.

Кыргызстандын эсебинде 11 упай бар. Тажикстанда 5 упай бар. Сегиз оюн ойноп тандап алуу баскычында мелдештерин жыйынтыктай турган Бангладеш курамасы бир упайга ээ болду.

Өзбекстандагы кыргыз объектилери жоголдубу?

«Өзбекстанда Кыргызстандын бир дагы объектиси жок» деп өкмөттүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров маалымат жыйынында билдирди. Бирок Анжыянда Майлы-Суу лампа заводунун, Ферганада Кадамжай сурьма комбинаты менен Айдаркен сымап комбинатынын курулуш жана жабдыктарды сактаган 20 гектардан ашуун жерди ээлеген темир жол боюндагы кампалары болгон. Ал объектилердин бар экенин өкмөт билбейби же эбак эле жалмап коюшканбы?

Булак: “Жаңы Агым”

Кытай куксисинен көрө кыргыз жупкасы пайдалуу

Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Кең-Арал айылынын тургуну Дуулат АСАНОВ үй шартында жасалган жупка чыгаруучу чакан ишкана ачып, ийгиликтүү иштетүүдө. Апасынын атынан «Нуска» деп атап каттоодон өткөн бул чакан ишкана жупканын түрлөрүн атайын стандарттуу идиштерге салып, этикетка жармаштырып саттыкка чыгарууда. Айрыкча кары кишилерге, туристтерге арналып чыгарылып жаткан бул азык Бишкек шаарынын дүкөндөрүндө да сатылууда.

 — Дуулат мырза, чакан айылда туруп жакшы ишкерлик менен алектенип жаткан экенсиң. Жупка жасоого кандайча кызыгып, бул ишкерликти кантип баштап калдыңар?

– Негизи бул менин карындашым Кенженин идеясы. Борбор калаабызда студент болуп жүргөн кезибизде апам жупка жасап туруп бир баштыкка түйүп берчү. Студенттик куракта аябай жакшы күлазык эле. Анан эле Кытайдан келген кукси дегендер чыга баштады. Курулуш ишиндеби, үйдө болобу куксини ичип жүргөндөрдү көрүп, ушундай эле тез даяр болгон жупканы чыгарсак эмнеге болбойт деп бул ишке киришкенбиз. Алгач үйдөн жасап тарата баштаганыбызда муну өзүбүз деле жасап алабыз да деп көргөндөр күлүп да жүрүштү. Алуучу кардарларыбыз да жок болчу. Алты айдай жөн гана чыгаша болуп жүрдүк. Борбор калаабызга келип, Дордой, Ош базарларына жупканы бекер тараткан күндөрүм да болду.

– Кичинекей ишкерлик бүгүн кандай,  кардарлар көбөйүп калдыбы?

– Алгач жубайым, карындашым үчөөбүз иштеп жатканбыз. Учурда кудайга шүгүр карамагыбызда  сегиз адам иштеп жатат. Бишкекке, Ошко, Таразга жөнөтүп турабыз. 200, 300 даана жупка керек деп заказдар түшүп калат. Биз дайындап беребиз. Кардарларыбыз күн санап көбөйүп келет. Биздин бул ишкерлигибиздин келечеги кенен деген үмүттөмүн. Маркум Табылды Эгембердиев агабыз максым- шорону кандай деңгээлге көтөрүп кетти. Кыргыздын даамы болгон жупка дагы ата-бабабыздан калган эң пайдалуу, сиңимдүү, эң ыңгайлуу азык деген ойдомун.

IMG_1132-minЖупкага сары май, сүзмө керектелет эмеспи. Бул азыктар өзүңөрдөн чыгабы?

— Алгач өзүбүздүн уйдун сүтү эле баарына жетчү. Кийин азыктар көбүрөөк керектеле баштады. Сатып алган сүзмө, сары майлар ар кандай болуп калат экен. Базардан алсаң ар кандай кошулмалар кошулган сары майга, быштактай болгон сүзмөлөргө туш болосуң. Ошондуктан каймакты эле сатып алып, сары майды өзүбүз дайындайбыз. Сүзмөнү да ишеничтүү адамдарга табыштайбыз.

-Алгач тажрыйба жүргүзүүнүн негизинде иштеп, бир топ кыйынчылыктар жаралыптыр. Бүгүнкү күндө үзүрүн көрүп, үй-бүлөлүк бюджетиңерге кирешелер кире баштадыбы?

-Баардык нерсеге сабырдуулук жана эмгек керек эмеспи. Көп ишкерликке киришкендер кичине кыйналса токтотуп коюшат. Кудайга шүгүр азыркы учурда үзүрүн аздап көрө баштадык. Биздин колдон жаралган жупка да ар бир дүкөн текчелеринен орун алат деген үмүттөбүз.

Жупканы кантип жасайбыз? 

Жупканы мындай күндөрү жасабаганыбыз менен, ыйык Рамазан айында көпчүлүктүн сүйүктүү даамына айланат. Анткени ал тоюмдуу жана сиңимдүү тамак болуп саналат.

Керектелүүчү азыктар: 200 грамм ун, 1 стакан суу, татымына жараша туз.

Даярдоо ыкмасы:  Буудай унунан катуу камыр жууруп, тыныктырып коёбуз.

Тыныккандан кийин четинен үзүп алып, калыңдыгы 1-2 миллиметрдей кылып жайып алабыз. Жайылган камырды какшыган казанга же көмөчтанга улам бирден каттап салып, жети-сегизден жуптап бышырып алуу керек. Улам оодарып, отту бирдей кармап, баарына саресеп салбаса күйүп кетиши ыктымал.  Даяр болгон жупканы кесеге туурап, үстүнө сары май, эзилген сүзмөнү салып кайнак суудан куябыз. Татымына жараша туз саласыз. Үч мүнөттөн соң тамагыңыз даяр. Табитиңизге жараша кара мурч, майда тууралган пиязды кошуп ичсеңиз да болот.

Жупканы алдын ала даярдап, майдалап, кездемеден тигилген баштыкта 1 жылга чейин сактасаңыз болот. Анан да бул азык алыс жолго чыкканда алып жүрүүгө да ыңгайлуу.

Жупканы шорпого, сүткө, эзилген курутка чылап ичсе да болот.

Жамиля НУРМАНБЕТОВА

Булак: “Жаңы Агым”

АКШдагы Капитолийде атышуу болду

Белгисиз адам парламенттик комплекстеги туристтер үчүн ылайыкталган борбордо ок чыгарган.

Вашингтондо коопсуздук кызматы Капитолийге алпарган жолдорду жаап салышкан. Ал жерде АКШ Конгресси отурумдарын өткөрөт. Бул арада маалымат агентттиктери туристтик борбордо атышуу болгондугун жазып чыгышты.

Associated Press агенттиги билдиргендей, туристтик борбордо ок чыгарган эркек камакка алынды. Бул америкалык парламентке экскурсияга барууну каалагандарды текшерүүгө ылайыкталган жерде болду.

Парламентте отурумдар белгиленген эмес, андыктан аз сандагы эле конгрессмен болгон.

Капитолийден бир нече квартал алыс жайгашкан Ак үй дагы полиция тарабынан курчалды. АКШ президентинин резиденциясында Пасха майрамына байланыштуу жүздөгөн балдар жана алардын ата-энелери бар болчу.

Алмазбек Атамбаев оппозицияда жүргөндө Кубанычбек Кадыровго айткан кыялдары жана ...

“Менин Алмазбек Атамбаевге жеке кастыгым же душмандыгым жок. Болгону Кыргызстан үчүн, кыргыз эли үчүн берген убадаларынын бирин дагы аткарбады. Мен, жакын адамымдын кызыкчылыгы үчүн Кыргызстандын кызыкчылыгын эч качан сатпаймын.”                  Кубанычбек Кадыров. 

(Кубанычбек Кадыровдун, УКМКга кармалганда тергөө учурундагы Атамбаев жөнүндө айтылган ачыкка чыккан ойлору)

Мисалы, Алмаз Атамбаев 2010-жылы мамлекетти мыйзамсыз түрдө басып алган. Атамбаев, бийликти басып алып туура эмес иш кылып, конституцияны бузган. Атамбаевдин кесепетинен Кыргызстанда 87 бала каза болду, жүздөгөн балдарыбыз жаракат алды. Ошондо Атамбаев, Бакиевдин маалында чогу оппозицияда жүргөндө айтчу, “мен бийликке келсем кыргызстанды оңдойбуз, Кумтөр Кыргызстанга өтүп, электроэнергиянын баасы кымбаттабашы керек. Анткени, электроэнергияны Максим Бакиев жеп жатат. Мен кудай колдоп президент болуп калсам, УКМК жок кыламын, анткени булар оппозицияны эле аңдып жүрүшөт. УКМК жоюп, мен буларга чек ара кайтартамын” деген булардын бирин аткарган жок.

Ал эми 2009-жылы миңдеген адамдардын алдында: “Оң жагымда көл, сол жагымда тоо, үстүмдө көк асман турат”, сиздер колдоп президент болуп калсам Кыргызстанды оңдоймун, силерге ант беремин, Каркыра деген кыргыздын намысы, Нурекеге айтып Каркыраны кайтарып аламын” деген ошолордун бирин аткарган жок. Криманалдарды талкалаймын деген. Бакиевдин маалында бир “вор в законе” болсо, азыр бул бийлик учурунда “төрт вор в законе” турат. Бакиев качырбаган Батукаевге бир күндө паспорт берип, кызыл килемге салып туруп, чартерный рейс самолёт менен узатып койду. Бул эмне деген шумдук. Коррупциялык схеманы талкалаймын деген. Мына Семетей жана Сейтек деген балдары автомашта эмне кылып отурат. Электроэнергия 1,50 тыйын болгондо айткан, “уят мунун баасы 15 тыйын” деген. Чындыкты айтыш керек, революция электроэнергия үчүн болгон. Атамбаев, бир дагы убадасын аткарган жок. Мен анын жанында жүрүп баарын билемин. Мына, 2010-жылы Алмаз Атамбаев, “жер-жерлерди басып алгыла деп Нарында, Таласта, Ысык-Көлдө бийликти басып алгыла” деп баарына акча берген. Атамбаевдин жүргүзүп жаткан саясатына каршымын. Мен чындыкты баардык ММК айтып, ошондой эле мыйзам чегинде аракеттерди көрүп жатамын. Кесибим боюнча юристмин. Алмаз Атамбаев, Ош шаарында 20-мартта, президент башы менен “призыв” кылды. Кыргыз менен кыргызды чабыштырып жатат. Демек, Атамбаев дагы КР КЖК жообуна тартылыш ага дагы кылмыш иши козголушу керек.

Бул тууралуу маалыматты СДПКнын экс-депутаты Кубанычбек Кадыровдун жактоочусу Акин Токтоналиев билдирди.

Гүлжан Шерипбаева, Кyrgyztoday.kg

Биздин суу сактагычты өзбектер кайтарат тура

Өкмөт Орто-Токой суу сактагычын Кыргызстанга өткөргөндүгүн билдирген. Кызыгы ошол эле өкмөттүн өкүлү К.Искандаровдун айтымында кыргыз тарап өзбек тарабын бизге өткөн суу сактагычтан чыгып кетүүнү талап кылышканда, алар кур дегенде кайтаруучуларыбызды калтырып кетели дешиптир. Ошого макул болуптурбуз. Ошону менен бизге өттү делген Орто-Токой суу сактагычын өзбектер кайтарышат тура. Анда бизге өткөнү кайсы деп ушуга акылыбыз жетпей турат.

Булак: “Жаңы Агым”

Акимдин адепсиз аракетин айыпташат

Кадамжай районунун акими Акрам Мадумаров тууралуу Кадамжай районунун тургуну Сейиткасым Эрмеков «Митинг учурунда Акрам Мадумаров мага керек болсо күч колдоном деп коркутканын” айтып чыкты.

Анын айтымында аким Бел-Алма кениндеги көмүрдү казып алууда мыйзам бузууларды көз жаздымында калтырып, ага өзү кызыкдар окшойт. Жергиликтүү элдин талабы менен эсептешпейт дейт. “Себеби акимди Бишкекте колдоп турган аткаминерлер” арбын дейт С.Эрмеков.

Булак: “Жаңы Агым”

Эртеңки пенсияңды бүгүн ойлон

Пенсия саясаты, жарандардын дөөлөттүү карылыгын камсыздоо – мамлекеттин  социалдык саясатынын негизги багыттарынын бири. Ошондой эле пенсияны – кутмандуу карылыкта ар бир жарандын бүт өмүрлүк эмгегинин үзүрүн көрүү десек да болор. Андыктан жарандарды туруктуу жумуш орундары менен камсыздап, ошол эле учурда алардын бактылуу карылыгын пенсия менен камсыздоо да мамлекеттин социалдык саясатынын эң маанилүүсү. Бирок учурда Кыргызстанда жумушсуздук күч. Расмий статистикага кайрылсак 2016-жылдын январь айына алганда Кыргызстандын калкынын эмгекке жарамдуу бөлүгү 2 млн. 504,2 миңди түзөт. Ал эми мунун ичинен жумушсуздардын саны жалпысынан 201,5 миң адам же Кыргызстанда жумушсуздуктун көлөмү калктын эмгекке жарамдуу бөлүгүнүн 8 пайызын камтыйт.

Жумушсуздук социалдык өтө орчундуу көйгөй. Биринчиден, анын түбү келип пенсияга түздөн-түз таасирин тийгизет. Экинчиден, учурда Кыргызстанда иш берүүчүлөр (бизнес) жалданып иштөөчүлөр менен эмгек келишимин түзүүдөн көп учурларда жаа бою качышат. Себеби барып келип эле баягы көмүскө экономикага такалат. Төмөнкү интервьюдан көрүнгөндөй “бизнеске тоскоолдук жаратпоо саясатын көздөгөн” мамлекет Соцфонддун бул жааттагы текшерүү функцияларын кескин түрдө кыскартып салыптыр. Дегеле, эмгек келишимдерин көзөмөлдөө, талап кылуу мамлекеттин тиешелүү органдарынын функциясы, милдети болуш керек эле. (Мындай көрүнүштөр кадам сайын жолуга тургандыгы тууралуу гезиттин өткөн санында (”Жаңы Агым”, 11/0316) “Кулча иштетип, акчасын төлөбөгөн ишканалар”) аталган Ж.Нурманбетованын макаласында кеңири берилди).

Пенсия маселесине келсек жумушсуздуктун айынан чет өлкөлөргө чыгып кетишкен эмгек мигранттарыбыздын тагдыры да ойлонтбой койбойт. Мындан тышкары пенсия курагына келген жарандарыбыз кандай шарттарда пенсияга чыга ала тургандыктарын биле беришпейт же пенсиялык сабатсыздыктан арыла албай келебиз. Бул багытта айрым суроолорго жооп алуу максатында Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Мухамметкалый Абулгазиевге кайрылдык:

— Мухамметкалый Дүйшекеевич, айтсаңыз, премьер-министр Т.Сариев 2017- жылы пенсиянын орточо көлөмү эки эсеге өсүш керек деди эле. Ага чейин бир эле жыл калды ишке ашчудайбы?

111 —Пенсиянын өсүшү бул бир нече объективдүү факторлордон көз каранды. Анын ичинде Социалдык фондго келип түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн жалпы суммасынан жана республикалык бюджеттен пенсияны төлөөгө каралган каражаттардын көлөмүнөн. Эгерде ушул эки көрсөткүч кескин түрдө эки эсе өссө, анда балким пенсиялар өлчөмүнүн дагы эки эсе көбөйүшүнө өбөлгө түзүлмөк. Бул їчїн албетте, жалпы мамлекетибиздин экономикалык абалынын кыйла жакшырышы, жаңы иш орундарынын пайда болушу, эмгек акынын өсүшү, көмүскө экономиканын денгээлинин төмөндөшү шарт. Бирок тилекке каршы аталган шарттардын бири дагы азыркы убакта аткарылышы кыйла кыйынчылыктарды туудурары ар бир жаранга эле айкын болуп жатса керек. Ошону менен 2017- жылдагы пенсия өлчөмүнүн өсүшү тууралуу айтуу азыр бир аз эртелик кылат. Ал эми 2016-жылга карата 1-октябрдан тартып пенсия жогорулатууга  бюджеттен 850 млн. сомго жакын каражат каралган. Кандай механизм менен жана кандай деңгээлде пенсия жогорулайт деген маалымат Социалдык фонддун бюджетинин ушул жылдын 1-жарым жылдык аткарылуусунун жыйынтыгын алгандан кийин аныкталып, тагыраак маалымат берилет.

— Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстандын 578 миң жараны же айтылып жүргөндөй 1,5 миллиондон ашык жараныбыз Россияда жүрөт. Алар кандай шарттарда пенсияга чыга алышат? Дегеле, чет жерде жашап жүргөн жарандарыбыздын пенсия менен камсыз болуу мүмкүнчүлүгү кандай чечилген?

Туура суроо. Анткени биздин көптөгөн чет өлкөлөрдө жүргөн эмгек мигранттарыбыз пенсиялык куракка жеткенде пенсия албай калуу коркунучу сакталып келет. Буга чейинки КМШ мамлекеттеринин арасында колдонулуп келген 1992-жылдын  13-мартында кабыл алынган пенсиялык камсыздоо жаатындагы Макулдашуунун негизинде КМШга кирген мүчө-мамлекеттеринин жарандарынын пенсиялык камсыздоосу алар туруктуу жашаган аймактын мыйзамдары боюнча жїзєгє ашып келген.

Азыркы учурда, ЕАЭБге мүчө мамлекеттеринде пенсиялык камсыздоо їчїн “Пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө Келишим долбоорунун” негизинде иш жүргүзүлүп жатат. Келишимде эмгекчилердин пенсиясын “пропорционалдуулук” принциби боюнча экспорттоо каралган. Башкача айтканда, “пропорционалдуу” принцип дегенибиз  бул ар бир мамлекет жарандарга єздєрїнїн аймагында ээ болгон стажга ылайык пенсия эсептеп төлөп берерин билдирет.

Мисалы: Эгерде, эмгекчи ЕАЭБге мүчө мамлекеттин аймагында жумушка орношуп камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн болсо, камсыздандыруу учуру келгенде (пенсиялык курагына жеткенде, майыптык же болбосо багуусунан ажырагандыгы боюнча) ошол иштеген мамлекеттин мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу пенсиясына  жана пенсиянын топтоо бөлүгүн алууга талапкер болууга мүмкүн.

Ушул Келишим долбооруна ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн, анын ичинде Россия Федерациясынын аймагында эмгек келишими боюнча иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары кирет.

— Жаңылбасам быйылтан баштап өлкөгө эмгеги сиңген, наамы бар адамдарга жогорку пенсия чектөө алынып салынды окшойт. Мындай кадамга баруунун себептери кайсылар? Дегеле, Кыргызстанда эң жогорку өлчөмдөгү пенсиянын көлөмү канчалык?

  — Ооба. 2015-жылдын июль айында персоналдык үстөк акыларды чегерүү жөнүндөгү мыйзам нормаларын жокко чыгаруу тууралуу жаңы мыйзам кабыл алынган. Ошол убактан тартып жаңы персоналдык пенсиялар чегерилбей калды, бирок буга чейинки чегерилген персоналдык үстөк акылар мыйзамга ылайык төлөнө берилет.

Мындай кадамга баруунун себеби акыркы учурда коомдук угууларда жана пенсионерлер менен жолугушууларда мындай чоң өлчөмдөгү үстөк акыларды белгилөөнүн туура эместиги жөнүндө көп айтылып, айрым категорияга пенсиялык артыкчылыктарды берүү жана сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия алуучулар, судьялар менен майыптардын үстөк акыларындагы чоң диспропорциялар коомчулукта көптөгөн түшүнбөстүктөрдү жана нааразычылыктарды жаратып, аларды чектөөнүн адилетсиздиги белгиленип келген.

— Окурмандар пенсиялардын өлчөмү, чыгуу курагы, эмгек стажынын мааниси тууралуу көп сурашат. Айрыкча алыскы райондордон кайрылышкандар көп. Азыркы интернеттин кылымында пенсия маселеси тууралуу суроолорго өз учурунда толук маалымат берүү үчүн кандай аракеттер жүрүп жатат?

— Негизи бул өтө актуалдуу жана мааниси чоң суроолор. Анткени окурмандардын пенсиялык сабаттуулугунун жогорулашынан алардын келечектеги пенсиясына кошкон салымы түздөн түз көз каранды. Учурдагы пенсиялык системанын иштөө мыйзамдарына ылайык жарандардын пенсияларынын өлчөмдөрү алардын кошкон салымына жараша болот. Жєнєкєй айтканда, канчалык камсыздандыруу төгүмдөрүн көп төлөсө ошончолук пенсиясынын өлчөмү жогору болот. Пенсияга чыгуу боюнча жалпы курак өзгөрүлбөйт, учурдагы деңгээлде: эркектер 63 жашта, ал эми аялдар 58 жашта пенсияга чыгуу сакталат. Ошол эле учурда бийик тоолуу шартта жашап эмгектенген жарандар, көп балалуу энелер үчүн жалпы куракка салыштырмалуу пенсияга эрте чыгуу боюнча жеңилдиктер дагы сакталып кала берет.

Маалыматтык технологиялар өнүккөн заманда Социалдык фонд дагы мындай технологияларды колдонуудан артта калбай, калкты тейлөө жаатындагы бир нече функцияларын электрондук системалар аркылуу, интернет аркылуу ишке ашырууга жетишип жатабыз. Мисалы, Социалдык фонддун иши тууралуу маалыматтардын баардыгын биздин www.socfond.kg веб-сайтыбыз аркылуу билсеңиздер болот. Жаңы сайтыбыздын мүмкүнчүлүктөрү мурдагыга салыштырмалуу кыйла жакшыртылган жана кеңейтилген. Сайт аркылуу биздин төлөөчүлөр өздөрүнүн отчетторун тапшырууга, жарандарыбыз жеке камсыздандыруу эсептерин текшерүүгө, келечекте ала турган жалпы пенсия өлчөмүн пенсия калькулятору аркылуу билүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Ошол эле учурда Социалдык фонддун 1202 кыска номерлүү Call-центри ишке киргизилди. Бул номер боюнча чалып Социалдык фонддун ишине тиешелүү ар кандай маалыматты ала алсаңыздар болот.

— Учурда көпчүлүк иш берүүчүлөр эмгек келишимдерин түзүшпөйт. Анын натыйжасында канчалаган жарандарыбыздын эмгек стажысы эсептелбей, Соцфондго төлөгөн эч нерсеси жок, далай жылдары текке кетип атат. Бул көрүнүш менен мыйзам чегинде кантип күрөшө алабыз?

  — Тилекке каршы мындай көрүнүштөр практикабызда арбын эле кездешет. Анткени бир четинен мамлекеттин бизнеске тоскоолдук жаратпоо саясатын көздөп Социалдык фонддун көп учурда текшерүү функциялары кескин түрдө кыскартылган. Ошонун кесепетинен мыйзам чегинде мындай көрүнүштөр менен күрөшүү мүмкүнчүлүгү жокко эсе. Мыйзам бузуулар аныкталган кезде Социалдык фонд көпчүлүк учурда сот аркылуу гана иш-берүүчүнү тартипке чакырып, камсыздандыруу төгүмдөрүн өндүрүүгө мажбур. Албетте бул көп убакытты талап кылат, соттошуу процессинде соттошуп жаткан мекемелер жоюлуп кетип, кээде камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөтүп алууга дагы жетишпей калабыз. Мунун кесепетинен, иш берүүчүсүнүн мыйзам бузуусунун айынан ага жалданып иштеген жарандарыбыз камсыздандыруу төгүмдөрү түшпөгөндүктөн стажын толуктай албай пенсия өлчөмдөрү өтө эле кичине болуп калат.

Ошондуктан, мен биздин жарандарыбызга кайрылат элем. Жок дегенде жылына бир жолу өзүңөрдүн Социалдык фонддогу жеке эсептериңерди текшерип, иш берүүчүңөр силер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн толугу менен өз убагында төлөп жаткандыгын карап койсоңуздар. Анткени силер пенсия курагына жеткенде бул маалыматты тактоого дагы, кайра ордуна келтирүүгө дагы көп учурда мүмкүн эмес болуп калат. Пенсия – бул силердин келечегиңер, ошондуктан бүгүнтөн баштап пенсияңардын өлчөмү көбүрөөк болушуна аракетиңерди жумшасаңар.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ

Булак: “жаңы Агым”

Меню