Menu

Коррупциянын эмес, Казаковдун канаты сындыбы?

Кыргызстанда корруп­ция систем алык мүнөзгө ээ болуп алган, ал укук коргоо органдарынын ичинде да тамырлап баратат десе ишенбегендер бар. Медакадемиянын аппарат жетекчиси А.Гапаровду пара алды деп кармап жатканда өлтүрүп алышканы, андан көп өтпөй  УКМКнын үчүнчү кабатында сакталып турган далил буюмдардын жарылып өрт чыгып кетиши  бул айтылгандардын кыйыр далили эмеспи.

Б.Казаков шефи А.Сегизбаев менен тымызын тирешип, кол алдына өзү каалагандарды алып, алар акчадан акча жасаганга кызыгып алышкандай. А.Гапаровдун өлүмү боюнча аскер прокуратурасы УКМКнын атасын тааныбай бараткан айрым жетекчилеринин үстүнөн кызматтык абалдарынан ашыра пайдаланып жибергендиги боюнча кылмыш иш ачты.

УКМКнын үчүнчү кабатында сакталып турган далил буюмдардын жарылып өрт чыгышына электр зымдары эмес, чекисттердин өздөрү аралашкан бо­луп жүрбөсүн? Токойду кыйып баштаган балтанын сабы жыгач экендигин президент учурунда баамдаган экен.

Булак: «Ачык саясат»

Атамбаев кайсы фракция лидерин ашата сөктү?

Акыркы кездери президент Атамбаев өтө эле сөгүнчөөк болуп баратканын байкагандар айтып жүрүшөт. Мурда айланасындагы жан-жөкөрлөрүн, кошоматчыларына гана орой сөздөр менен кайрылса, азыр депутаттарды, а түгүл фракция лидерлерине да асылганга өтүптүр.

Өгүнү жоон топ депутаттар кайсы бир маселе боюнча кеңешели деп президентке кириптир. Оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып: “Бабанов мени сатып тымызын оюн уюштуруп жүрөт, мен ага көрсөтөм, Ташиев “андай-мындай” деп бир топ ыплас сөздөр менен ашатыптыр.

Аңгыча болбой жанындагы отурган башка фракция лидерин ачык эле ашата сөгүптүр. Атамбаевдин ачуусун жакшы түшүнгөнү үчүнбү, же коркконунанбы, айтор тиги фракция лидери ыржалаңдап эле эки жагындагыларга күлүп карап кутулду дейт. Ал эми Атамбаевге биринчи ирет барганына сүйүнүп кирген депутаттар боз-ала болуп: “Тууй ата, президенттин деңгээли да ушундай болобу” деп чыгып алып аябай күбүрөнүштү дейт…

Булак: “Искра”

«Колуңан келгенин кылып ал, кетпейм» - деп, алдына толтура компроматтарды таштап чыгып кетиптир...

Хандын эрке балдары.

Райым, Икрам, Фарид, Эркин, Абдил мына булар учурда президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын адамдары болуп саналат. Кадр маселесин да калчаган ушулар. Булардын айынан Алмазбек Шаршеновичке нааразы болгон тарапташтары күн санап өсүүдө.

Ойлонууга убакыт келип жетти окшойт. Өтө эле аша чаап бараткансыйт. Ар нерсенин чеги болот эмеспи, анын сыңары «эрке балдарды» тыйчу мезгил келип жетти окшойт. Кечээ жакында жогорудагы «эрке балдардын» бири өлкөдөгү таасирдүү министрди чакырып алышып, «арызыңды жаз да кет» – дептир.

Анда берки министр «колуңан келгенин кылып ал, кетпейм» – деп, алдына толтура компроматтарды таштап чыгып кетиптир. Мына ушундай «кет» деген деңгээлге жетип калышыптыр. Кимисине жакпай калсаң эле кетирип тынышат экен. Кызмат алардын менчиги эмес да.

Булак: «Ачык саясат»

Партия тизмеси түзүлүп жатканда ажобуз уктап калганбы?

Мурдагы чакырылышта Атамбаев өз партиясына бир аз да болсо деңгээли жогорураак, айлана-тегерегин аңдаган немелерди депутат кылып тизмеге киргизген болучу. Бул ирет партия тизмеси түзүлүп жатканда ажобуз уктап калганбы, же анын ишенимине кирип алышканбы, же булардын болгон дарамети ошолбу, айтор кайдагы бир азган-бозгондун баары депутат болуп келип алыптыр.

Оозун ачса эле деңгээли дароо билине калат. Өткөн айда Мээрбек Мискенбаев деген депутаты 1 ай бою коомдо талкуу болуп, куудулдарга асыла коем деп шерменде болду эле, андан кийин “менин мандатымды сот менен октон башка эч ким ала албайт” деп дагы бир безилдеги чыкты. Ал эми өзүн журналистикадан чыккан элита өкүлү сезип алган, деңгээли төмөн, бадылдап сүйлөгөнү эле болбосо айлана-тегерегин жакшылап аңдаганга дарамети жетпеген ээн ооз немеси болсо Мырзакматов чоң саясатты түшүнбөйт деп бир дөөрүп алып, анысы үчүн гезиттеги “ушакчы” досторун күнөөлөп чыкты.

Булардын оорусу шефинен жукканбы, же КСДПга жалаң ошондойлор топтолгонбу, айтор өздөрүнөн башканын баарын айыптуу акмак көргөн немелер чогулуптур. Просто сөз жок… Андан көрө унчукпай эле отургулачы шефиңерди уят кылбай, оозуңарды ачсаңар эле деңгээлиңер көрүнүп калат экен…

Булак: “Искра”

«Музыкант же болбосо наркоман болмокмун»

Учурда өздөрүнүн тамаша жаатындагы тасмаларда катыра роль аткарып  эл араснда таанымал болгон жаштар жок эмес . Биздин бүгүнкү каарманыбыз  » Жарайт Сити » деп аталган долбоордун негизинде тартылган скетчтерде ( кыскача комедиялык пьеса же интермедиа ) агайдын образын жараткан  «мурутчан агай» Нурсултан КУРСАНАЛИ уулу менен ар дайым шайыр , тентек студент кыздын образын ийине жеткире аткарган Айпери ЧОТОНОВА . Москва шаарында окуп жатканына байланыштуу . Нурсултандан интернет аркылуу интерьвю алдык.

— Адегенде суроону бала чагыңдан баштасак. Балалык издерин кайда калды?mD9sjdWZUn0

— Мен өзүм Баткен облусунун Кадамжай районунан болом. Ата-энем ошол жактан төрөлүп өскөн. Ал эми бала чагым борбор калаабыз Бишкек шаарында калды. Бишкектеги бала бакчада, андан кийин мектепте, эми болсо университетте окуп жатам.     — Шайырлар жана тапкычтар клубуна (КВН) канча жашында эмне болуп аралашып калдын?

— КВНге келип ойноп калышыма маркум досум Исмаилов Ислам түрткү болгон. Мени КВНдин ички ашканасына аралаштырган ошол болду. Ким менен кантип сүйлөшүш керектигин, баскан-турганыма чейин, тамашалардын кантип жазыла турганын да үйрөттү десем болот. Исламга окшош болгум келчү, алтургай андай адам болуу менин максатым дагы болгон. Арабызда жок болсо дагы Исламга өмүр бою ыраазымын. Анткени ал жок болсо КВНге аралашпайт элем, музыкант же болбосо наркоман болмокмун (күлүп). Ал эми КВНдик карьерам 9-класста башталган. Ата-энемдин да колдоосу абдан чоң болду                — Кеп кезеги келип калганда ата-энең тууралуу да айта кетсең…
default— Менин ата-энем эң мыкты ата-энелерден. Аларга чоң ыраазычылык айтмакмын. Алар бар үчүн, мен ушундай деңгээлге жеттим. Негизи өзүм теңдүү жаштарга айтаарым ата-энеңерди урматтагыла, алар биз үчүн көп нерсеге барышат, алар биз үчүн баарына даяр. Кудайга шүгүр, мен азыр Москва шаарында магистратурада окуп жатам, ошону менен бирге шоу-бизнесте кандайдыр бир деңгээлге жетип турган кезим. Мунун баары ата-энем үчүн. Өзүмдүн ийгиликтеримди университетте мугалим болуп иштеген атам Жолдошбаев Курсанали Мурзакозуевичке, апам Зиябидинова
Болдухан Зулпукаровнага арнайм!
— Канткен күндө да эл арасында таанымал болушуна «Жарайт Сити» долбоору себепчи эмеспи. Бул чөйрөгө кантип аралашып жана агайдын образын кантип аткарып калдын?12044.410.1452750520
— Албетте, бул долбоорду көптөгөн адамдар теле аркылуу, интернет аркылуу көрүштү. Кээде көчөдөн адамдар таанып сүрөткө түшүп, автограф алып калышат. Мунун баары «Жарайт Ситинин» аркасы менен деп эсептейм. Негизи «Жарайт Сити» долбоорун өзүбүз эле жазып чыкканбыз. Бирок ал жерде эч кандай агай деген образ жазылган эмес. Өзүңөр байкагандай бизде атайын бир образ деле жок. Мисалы, агайлар, милиция кызматкерлер, деги эле ар түркүн каармандарыбыз бар. Ал эми менин агайдын образын жаратып калышым бул кокустан болгон.
Катардагы эле бир съемкабызга башка бир байке келип тартылмак. Шартына байланыштуу ал байке келе албай калып, анан ким ал ролду жаратат деген суроо туулуп калды. Ошондо режиссер Данияр байке мурутту алып келип жармаштырып койду. Мурутчан болгондон кийин эле баардыгы түшүнүктүү болуп калган. Ошондон бери агайдын, «байкешкалардын» образын жаратып калдым. Бул ролдун эң жакшы жагы агайлардын, чыныгы кыргыздын байкелеринин күчүн сезет экенсиң. Ролдорду да ошол күч менен аткарам десем болот.
— Тамашалар кайдан жаралат, өзүн да тамаша жазсан керек?2630e83037af696c062e770f94bcd13b9e61ea
— Албетте бардык тамашаларды командадагылар өзүбүз эле жазабыз. Бизге башка бирөө келип тамаша жазып бербейт да, чынбы? Болгону ар бир жазылган тамашаны меники, сеники, аныкы деп эч качан бөлбөйбүз.
— Сьемка учурунда кызыктуу окуялар болобу?
— Көп эле болот. Алардын бири мектептин инструктору болуп ойногон скетчте МАИ кызматкерлери колумду кайрып унаага кыйнап киргизген жери бар. Ошол съемка тартылып жатканда көптөр унааларынан түшө калып мага жардам бергилери келип жатты. Ал гана эмес бир машина токтобостон биздин машинанын номерин тартып да кеткен. Түшүндүргөнгө да жетишпей калганбыз. Ал жерде оператор дагы болгон эмес, анткени ал видео «го про» (унаада орнотулган) камерасы менен тартылган.
— Силер жараткан тамашалар КТРК каналынан көрсөтүлгөн. Ошондой эле бүтүндөй Орто Азияга тараган «ТНТ Азия» телеканалынан көрсөтүлүп жатабы?
— Ооба, «ТНТ Азиядан» көрсөтүп башташкан. Жакынкы күндөрдө да көрө аласыздар. Кийинки сезондор мурунку сезондогу тамашалардан да кызыктуу болмокчу. Кой эми анча-мынча «секреттерди» ачпай эле коеюн.
— Биз сени келечекте актер катары көрүп калабызбы?
— Буйруса кино тармагында да роль жаратып жатам. Ал эми келечекте актер болбой калсам да сценарий жазган сценарист
болуп калышым мүмкүн. Эми келечегибиз алдыда го, буйруганын көрөбүз да.
— Кел эми жаштык жөнүндө сүйлөшөлү, бойдокчулук менен качан коштошоюн деп жатасың?
— Бойдокчулук менен коштоштура турган кыздар барбы? Азыр бойдок болуп эле жүрө турайынчы. Качан гана коштошойун деп калганда айтам.
— Кандай кыз сени бойдокчулук менен коштоштурат?
— Ыймандуу, акылдуу, адамгерчиликтүү, маданияттуу, өзүн жакшы алып жүргөн, билимдүү анан арык болсо сонун болмок (күлүп). Анан дагы өтө эле «скромная» болсо деле болбойт.
Тааныш-билиши жок эле “звезда” болгон Айпери Чотонова
image— Сени биз «Жарайт Сити» долбоорунун скетчтери аркылуу тааныйбыз. Аталган долбоорго кастинг менен келдинби же тааныш-билиш аркылуубу? — «Жарайт Ситиге» мен кадимкидей эле кастинг аркылуу келип калгам. Мага Нурсултан, Ильгиз байкелер кастинг болорун кабарлашканы менен алар мага эч кандай тааныш-билиштик кылышкан жок. Кастинг болгондон кийин эки жума чыдамсыздык менен күткөм. Телефон чалып өттүңөр деп айтышканда аябай сүйүнгөнүм азыр да эсимде. — Жалпысынан аталган долбоордо канча адам (актерлор) бар? Сени менен чогуу тартылып жүргөн Айжана Аденова менен жашоодо да курбусунбу?
— Негизги курамда он бештей адам бар.
Айжана эже менен мен ошол жактан таанышкам. Ал мага башында эже, кеңешчи болсо азыр курбумдай эле болуп калды. Албетте, эже деп сыйлайм, көп нерселерди үйрөнүүмө жардамчы да болду деп айта алам.
— Аткарган каармандарындын ичинен кандай каармандын образын жаратуу сен үчүн кыйынга турат?
— Албетте, башында бардык эле ролду жаратуу кыйын болду. Жаңы барганда эч кимисин деле тааныбайсың, сүрдөйсүң дегендей. Кийинчерээк кыйынчылык жаратпай деле калды. Негизи биздин режиссер байкелер абдан таланттуу десем болот. Ар кимибиздин кулк-мүнөзүбүзгө жараша каармандарды бөлүп берет.
— Ошондо сен жошоодо деле каармандарындай тентек, «шустрая» кыз турбайсынбы?getImage6
— Ооба, ошондой элемин. Анткени кичине кезимден баштап ар кайсы жакка чуркап катышып активдүү болуп жүрчүмүн. Төрт жашымдан баштап улуттук бийге катыштым, мындан бир жыл мурун эле хореография боюнча окуп бүтүп, эми ошол диплом менен иштесемби деп жатам.
— Азыркы учурда эмне менен алексин?
— Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында 1-курстун студентимин.
— Айтмакчы университетте да Нурсултандай агайлар бар бекен?
— «Жарайт Ситини» көргөн агайларым кадимкидей эле Нурсултан байкедей болуп «ахаха Чотонова» деп тамашалап
турушат. Бирок агайлар ошентсе дагы юрист болгонунанбы, айтор мага аябай эле сүрдүү көрүнүшөт. Бир жолу сүйүктүү агайым Медетбек Кубанычбекович «ай Чотонова, тамашаларды кайдан табасыңар» дейт, «жашоодон, агай» десем, «ха-ха-ха Чотонова десе…» деп күлгөн. Сабактар кээде фамилиямдын аркасы менен кызыктуу өтөт.

Нурмухамед ЖУМАБЕКОВ

Булак: “Жаы Агым”

Ормоновго мандатты бердиртпей жаткан Атамбаев өзүбү?

Белгилүү саясатчы, “Акжол” партиясынын мурдагы лөктөрүнүн бири Улукбек Ормонов мобу парламенттик шайлоодо “Бир бол” партиясынын катарынан талапкер болуп, кезеги деле келип калган. Буга чейин коомчулукта сөз жүрүп, “8-январда Бир болдун катарынан депутат болгон Лунара Мамытова менен Бакыт Эсенбаева экөө мандаттарын тапшырышып, алардын ордун артта турган “лөктөр” Бакирдин Субанбеков менен Улукбек Ормонов ээлейт экен” деп эшиткенбиз. Айткандай эле Жаңы Жылдан кийин Бакыт Эсенбаева мандатын тапшырып, анын ордуна Субанбеков келген. Бирок Лунара Мамытова ордун бошотуп бере элек. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Лунара айымда маселе жок экен. Маселенин баары Атамбаев менен БШКнын өзүндө экен. Президент адатынча: “Эми Бакиевдин Акжолун башкарган адамга мандат бермек белек, Ормоновду каттабагыла” деп тымызын буйрук бергенин айтып жүрүшөт. Туйгунаалы Абдраимовго барышса: “Президенттен уруксат алып келгиле, мен каттай берем” деп алакан жаят имиш. Кызык, айлана-тегерегинин баары Бакиевчилерге толуп кетти. Бирок көзүнө Ормонов эле көрүнө бергени кандай?

Булак:”Искра”

Савченко, Порошенконун суранычы менен кургак ачкачылыкты токтотту

Орусияда камакта отурган украиналык учкуч Надежда Савченко президент Петро Порошенконун суранычы менен ачкачылыкты токтотту.

Бул тууралуу анын адвокаты Николай Полозов Твиттерге жазды.

Савченконун соту 9-мартта аяктады. Орусиялык эки журналисттин өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталып жаткан учкуч айымдын өкүмү 21-22-март күндөрү угузулмакчы. Прокурор аскерий учкучту 23 жылга кесүүнү сураган.

2014-жылдын жайында Украинанын чыгышында кармалган Савченко болсо күнөөсүз экенин, орусиячыл жикчилдер аны уурдап, Орусияга мыйзамсыз алып өтүшкөнүн кайталап келатат.

Киев аны саясий туткун деп сыпаттайт. Савченкону бошотуу талабы менен АКШ жана европалык жетекчилер да орус бийлигине кайрылган

Турганбаев менен Сегизбаевдин тиреши эмне менен аяктайт?

ИИМ министри Мелис Турганбаев менен УКМК төрагасы Абдил Сегизбаевдин тымызын тиреши башталганын ишенимдүү булактардан эшиттик. Сыртынан караганда деле көп нерсе байкалып турат. Эми кыргыз өзү кичине эл болсо, анан калса ичине секрет кармагандар өтө эле аз. Президент Атамбаевдин айланасындагы таасир талашкан топтор бул ирет катуу тирешке өтүшкөндөй. Айрыкча тирештин башы Сегизбаев тараптан башталгандай түр калтырат. Мисалга белгилүү журналист Турат Акимовго карата кол салуу инциденти бийликтин бардык телеканалдарынан, гезиттеринен чагылдырылып, анысы аз келгенсип Акимов агабыз өзү, КСДПнын депутаттары кошо кыйкыоып чыгып, бул иштердин УКМКга өткөрүлүшүн талап кылып башташты. Айтор бийликтин айланасы тынч эмес. Эми түшүнүктүү да, Атамбаевдин кетээрине бир жылчалык убакыт калды. Анан шефтин ордун ээлеп калууга кызыкдар күчтөр өтө көп дегендей…

Булак: “Искра”

Обама: Орусиянын дүйнөдөгү позициясы алсырады

АКШ президенти Барак Обама “Атлантик” журналына маек куруп, тышкы саясатка арналган суроолордун биринде Орусиянын президенти Владимир Путинге баа берди.

Обаманын пикиринде, Путиндин тышкы саясаттагы аракеттери үчүн орусиялыктар ири чыгым тартты.

Бирок Путинди “жагымсыз жана орой” адам катары эсептебей турганын билдирди.

“Чын-чынына келгенде, Путин баардык жолугушууларда өзүн өтө сылык жана ачык-айрым алып жүрөт.Ал көп эле жолу башкаларды эки саат күттүрүп койсо, мага эч качан андай мамиле жазабайт”, -деди АКШ президенти.

Обаманын баамында, Путин АКШ менен болгон мамилени өтө олуттуу деп эсептейт.

“Ал дайыма биз менен тең даражада болууга кызыктар. Чындыгында Путин акылсыз эмес. Ал Орусиянын дүйнөдөгү позициясы алсырап баратканын түшүнүп турат. Крымды басып алышы же Асадды колдошу-аны маанилүү оюнчу кыла койбойт ”.

Обаманын айтымында, Орусия Украинаны мурдагыдай эле тымызын көзөмөлдөп турганда, азыркыга салыштырмалуу алда канча кубаттуу болчу.

Какен менен Акимжанды “жайлаган” Бакир Таиров эми кайсы чоңго кызмат кылат?

ИИМ системасында Бакыт Таиров деген чиновник бар. Дарбыздын данегинен бетер ылайыктуу жерлерге карай сыйгаланганга маш неме. Учурунда Финполдун башчысы, Бакиев бийлик системасынын лөктөрүнүн бири Акимжан Мийбуллаевдин жанында жойлоп жүрчү ишин бүтүрүп. Кийин Бакиевдер качып, алардын артынан Акимжан Муйбиллаев кошо качканда дароо багытын өзгөрткөн. Кийин ИИМдин орун басары болуп иштеп жүргөн Калыбек Сатыбалдиев (Какен) менен “иштешип” анын кошелегу болуп жүргөнүн эшиткенбиз. Кыязы Какен мырзаны далыга таптап, атын сатып жаманатты кылып жүрүп ушу киши жайлады окшойт. Эми кимге өтүп, кимге кызмат кылып, кимди жайлайт экенин күтө туралы. Кызык, муну министр Турганбаев байкабайбы?

Булак: “Искра”

Евробиримдик Түркия менен чукул саммитин узартты

 

Брюсселдеги бүгүнкү чукул саммитте Европа Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин кабылган эң ири качкындар кризисин жөнгөрүү аргасы кайрадан талкууланып жатат.

Түркиянын премьери Ахмед Давутоглы жыйында жаңы сунуш киргизгенден кийин саммит узартылды.

Давутоглынын басма сөз катчысынын айтымында, Анкара “проблеманы чечүүнүн жолун ачууга” аракеттенүүдө.

Анкаранын өкүлү жаңы сунуштун чоо-жайын айтуудан баш тартып, бирок Түркиянын Евробиримдикке мүчөлүгү көтөрүлгөнүн белгиледи.

Евробиримдиктин 28 өлкөсүнүн лидерлери саммитте качкын макамы берилбей турган миңдеген мигрантты Түркиядан кайра артка алууну суранары күтүлгөн.

Брюссель Анкара менен мигранттар агымын токтотуу боюнча макулдашууга былтыр ноябрда жетишкен болчу.

Мигранттар менен качкындардын турмуш-тиричилигин Түркияда камсыздоо үчүн Евробиримдик 3,3 миллиард доллар ажыратмак.

Брюсселдин эсебинде Түркия бул макулдашууну аткаруу жагынан айрым бир жылыштарды жасады, бирок азыр да мигранттардын Түркиядан Грецияны көздөй агымы токтогон жок.

Грецияга Түркия тараптан күнүнө 2000ден ашуун мигрант келип түшүүдө.

Македония жана Евробиримдиктин Батыш Балкан жолундагы өлкөлөрү чек араларын иш жүзүндө жаап салгандыктан азыр Грецияда быйыл келгендерден 30 миңден ашуун мигрант камалып турат.

Быйылкы жылдын эки айынын жыйынтынгында Евробиримдиктин чегине 134 миңден ашуун качкын жана мигрант кирген.

Грузиянын армиясында алгачкы намазкана ачылды

Алгачкы намазкананы Грузиянын коргоо министри Тина Кидашели ачты.

Министр Кутаиси шаарында, жөө аскерлердин 3-бригадасындагы салтанат учурунда белгилегендей, Грузияда дин эркиндиги Конституция менен кепилденген.

Министр грузин аскер кызматчылары үчүн дагы эки намазкана жакын арада ачыларын кошумчалады.

Мусулмандар грузин калкынын 10% түзөт. Бирок буга чейин алардын активисттери мечит же медресе ачуу аракеттерине кастык мамиле жана бут тосуулар жасалып жатканын айтып келишкен.

2014-жылы Ажария аймагында медресе жайгашат деген имаратка белгисиз адамдар чочконун башын илип кетишкен эле. Жергиликтүү мусулмандар муну аларды кордоо катары кабыл алышкан.

Булак: “Искра”

Sky News ИМ тобунун мүчөлөрүнө таандык маалыматтарды тапты

Британия телеканалы Sky News экстремистик “Ислам Мамлекети” тобуна иштеген 22 миң согушкердин документтери редакцияга түшкөнүн жарыялады.

Ысымдар, телефон номурлар жана согушкерлердин туугандарынын байланыш даректери камтылган документти ИМдин мурдагы мүчөсү берген. Ал буларды “Ислам Мамлекети” тобунун полициясынан уурдап алган.

Sky News билдиргендей, документте 50 мамлекеттин жарандарынын маалыматтары бар. Телеканал бул туурасында Улуу Британия бийлигине кабар берди.

Телеканал документтин айрым бөлүгүн обоого чыгарды. Согушкерлер тайпага жаңы мүчөлөрдү кабыл алып жатканда атайын анкеталарды толтурткан. Ал жерде канынын тобу, энесинин тек-жайы, шариятты билүү денгээли, тажрыйбасы суралган.

Маалыматты берген согушкер аба соккулары күчөгөнүнө байланыштуу Сириянын Ракка шаарынан кетип, Ирактагы чөлдөргө багыт алганын кабарлаган.

Расмий маалыматтарга караганда, Сирия жана Ирактагы согушкерлердин катарына Кыргызстандан барып кошулгандардын саны 500дүн тегерегинде.

Кеч болсо да «Восток-геолдобыча» менен Өкмөттүн аферасы ачыкка чыкты

«Искра» гезитинин жамаатына «Талас эл ынтымагы» кыймылынын башкармалыгынын мүчөлөрү:

  1. Шейшенов Серен Манапбаевич,-төрага
  2. Токтогазиев Соотбек Кемелбекович,
  3. Кашкаралиев Эсен Молдалиевич,
  4. Айтбаев Каныбек,
  5. Жумашев Райымберди Токтосунович,
  6. Огомбаев Жаныш Жаманкызович,
  7. Медетов Бектур Тынчтыкбекович.

Базарбай  Мамбетов,- КРнын үч жолку вице-премьер министри, , тоо-кен өндүрүшү боюнча эксперт, тажрыйбалуу курулушчу инсанга «Талас Эл ынтымагы» кыймылынын жүздөн ашуун мүчөлөрүнүн атынан, терен ыраазычылык билдирүү менен;

« Восток-геолдобыча менен өкмөттүн ортосунда чоң афера бар».. деген аталыштагы Базарбай Мамбетовдун маегин окуп чыккандан кийин өз пикирибизди билдирип коюну туура көрдүк.

Өткөн жылы Базарбай Мамбетов айыл өкмөттөрдү кыдырып, «Жерүй алтын-кени ачылсын деп үгүт иштерин жүргүзгөн, көпчүлүк айылдарда эл каршы болгон, ага карабай айыл өкмөттөрдү кыйнап макулдук кагаздарга кол койдуруп алышкан. Ошондо Мамбетов Талас Элинин «Жерүй» боюнча канчалык даражада маалыматтары бар экенине көзү жеткен болчу. Таластыктар 1990-жылдан бери «Жерүй» кени ачылбасын деп талап коюп келет. Себеби ал кенден экологияга жана экономика жагынан караганда да  тийгизген таасири өтө зыяндуу экенин жакшы билишет. Ага кошумча биздин өлкөдө тоо-кен өнөр жай өндүрүшү өлкөгө пайда алып келип жатпаганын, «Кумтөр» алтын-кенинин алтыны ит бекер казылып кетип жатканын иш жүзүндө көрүп-билип турушат. Ошондуктан 19-февралда өткөн тегерек столдо, өлкөнүн 1-чи вице-премьер министри А.Карашов баш болгон 21 министр, мамагенттиктин директорлорунун, ЖКтин депутаттарынын көзүнчө «Кумтөр» кени эл үчүн пайдалуу кылып иштеткиле, ошол кен казылып бүткөндөн кийин, «Жерүй» кени  жөнүндө анан сөз кылгыла деген талап коюлду, ошондой эле ЖКдан келген депутаттарга «Жер казнасы» мыйзамын (2012-ж. 9.08 толугу менен кайра карап чыккыла, тез аранын ичинде.

Кеч болсо да «Восток-геолдобыча» менен Өкмөттүн аферасын ачыкка чыгарган Мамбетов Базарбай мырзага ырахмат! Эми Базарбай , Таласка коркпой келе берсең болот. Талас Эли «соцпакет» деген кайыр-садагага алданып калчу Эл эмес. Кут конгон, Манас бабабыздан калган аманат үчүн, алтын чөйчөк жерибиздин экологиясын буздурбайбыз, Таластын элинин жер ооду болушуна жол бербейбиз!

29.02.2016-жыл, Талас шаары.

Булак: “Искра”

“Чыгармачылыкта чек ара дагы, чек дагы болбойт”

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия, КРдагы Түркия Элчилиги, Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо фонду жана Түрк коомчулугу биргеликте Кыргыз Эл акыны Эгемберди Эрматовдун “Мухаммед пайгамбар” аттуу китебинин түрк тилиндеги чыгарылышынын жана Юнус Огуздун “Темирлан” тарыхый романын кыргыз тилиндеги чыгарылышынын бет ачары өткөрүлдү.

Иш чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн Э.Эрматов “Мухаммед пайгамбар” дастанын жазуу үчүн 14 жыл даярданып, 3 жылда жазылып бүткөнүн билдирди.

Китептин бет ачар аземине катышкан КР Жогорку Кеңешинин депутаты  Т.Зулпукаров, КР Маданият, маалымат жана туризм министри А.Максутов, КР Тышкы иштер министрлигини статс-катчысы Д.Сыдыгалиев, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин өкүлү Х.Х.Илмас, Азербайжан мечитинин ахунду И.Раджиев, Ислам университетинин ректору, Кыргызстан аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматов, акын, котормочу М.Асаналиев ж.б. куттуктоо сөзү менен бирге кыргыз-түрк достугун бекемдөөгө өбөлгө боло турган чоң иш-чара болгондугун, Пайгамбар туурасында алгачкы ирет ыр менен жазылган көлөмдүү чыгарма экендигин бир ооздон белгилешти.

КР Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты А.Рыскулов чыгармачылыкта чек ара дагы, чек дагы болбостугун баса белгилөө менен, Маданият жана тарых жылынын алкагында жакшы саамалык болгонун айтып өттү.

Иш чаранын соңунда эки автор жалпыга ыраазычылыгын билдирип, Э.Эрматов Юнус Огузга Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасын тапшырды.

Эске сала кетсек, 2001-жылы жарык көргөн “Мухаммед пайгамбар” дастаны 2016-жылдын февраль айында Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо Фондунун тапшырыгы менен которулуп, басылып чыкты.

КР Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы “Манас” аэропортунун жабдууларын жакшыртуу боюнча макулдашуу ратификацияланды

Жогорку Кеӊеш «Бишкек шаарында 2015-жылдын 26-октябрында кол коюлган “Манас” эл аралык аэропортунун жабдууларын жакшыртуу” долбоору боюнча КР Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы Гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзамды кабыл алды.

Эки тараптуу келишимге ылайык, Япония Өкмөтү “Манас” эл аралык аэропортунун жабдууларын жаӊыртуу жана жакшыртуу багытында 1,5 млрд иен (16 млн доллар) наркындагы гранттык каражатка 56 техника бирдигин сатып берүүгө тийиш. Бул долбоор Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) тарабынан ишке ашырылат.

Белгилей кетсек, “Манас” аэробекети кирешелүү компания, бирок ал өз кирешесин өлкө аймагындагы 11 аэробекет менен бөлүшөт. Ошондон улам, ал ушул грант сындуу эл аралык жардамдарга муктаж. Компания буга чейин мурда алынган япон насыя каражатынын 57 пайызынан кутулган.

Депутаттар ратификациялык келишимди колдой турганын билдирүү менен бирге, “Манас” аэробекетиндеги жүргүнчүлөрдү тейлөө кызматынын сапатык жакшыртуу, андагы тартипти жөнгө салуу пикирлерин айтышты.

В Бишкеке прошла встреча, посвященная 100-летнему юбилею народной артистки КР Алиман Жангорозовой

Управлением образования мэрии города Бишкек в рамках Года истории и культуры в школе-гимназии №69 проведена творческая встреча, посвященная 100-летнему юбилею народной артистки Кыргызской Республики Алиман Жангорозовой.

Согласно плану мероприятий Управления образования предварительно в ШГ №69 была проведена большая поисковая работа о жизни и творчестве народной артистки Кыргызской Республики Алиман Жангорозовой – работа с архивом, написание сочинений и эссе, рефератов, выставка рисунков, проведение тематических классных часов.

Алиман Жангорозова была почетным гостем при открытии УВК ШГ №69.

На встрече приняли участие почетные гости и представители из Министерства культуры, информации и туризма КР, Департамента Союза кинематографистов КР, народная артистка  КР  Жамал Сейдахматова, артист Театра юных зрителей КР Марат Жанталиев, общественный деятель Рыскулбеков Турар, заслуженная артистка КР Абдрахманова Гульчач, заслуженный деятель культуры, журналист Орокчиев Тенти, учащиеся и руководители столичных школ

На КПП "Торугарт - автодорожный" задержан гр. КНР с контрабандным грузом

Отдел по связям с общественностью и СМИ Государственной пограничной службы Кыргызской Республики сообщает, что 09 марта 2016 г. на контрольно-пропускном пункте «Торугарт-автодорожный» пограничники пресекли провозконтрабандного груза из Китая в Кыргызстан.

При досмотре рейсового автобуса по маршруту Кашгар-Бишкек пограничники задержали гражданина КНР, пытавшегося незаконно провезти сушенных змей в количестве 240 шт., сушенных лягушек – 3000 шт. и ампулы красного цвета – 140 шт.

У задержанного отсутствовали соответствующие документы на провоз груза.После оформления соответствующих документов задержанный и контрабандный груз были переданы сотрудникам  территориального подразделения ГТС КР.

Киргизская оппозиция: идет деградация государственных институтов страны

Президенты России Владимир Путин и Киргизии Алмазбек Атамбаев встретились 2 марта. Информации в СМИ по этому поводу было много. Однако эксперты отметили, что встреча носила, скорее, формальный характер.

Атамбаев и Путин 02032016

12 августа 2015 года Киргизия стала полноправным членом Евразийского экономического союза. В итоге на встрече с Владимиром Путиным, по сути, обсуждались вопросы экономического сближения. При этом были весьма негативные моменты, на которых СМИ старались не акцентировать внимание.

Еще 20 сентября 2012 г. в ходе визита в Киргизскую Республику президента РФ Владимира Путина были подписаны два межправительственных соглашения о строительстве и эксплуатации Верхне-Нарынского каскада ГЭС общей мощностью около 190 МВт и Камбаратинской ГЭС-1 мощностью 1,6-1,9 МВт. Однако 31 декабря 2015 г. правительство Киргизии в одностороннем порядке денонсировало соглашения о строительстве гидроэлектростанций, заявив, что нынешняя ситуация в экономике России «ставит под сомнение выполнение договоренностей о финансировании проектов». 22 января 2016 г. постановления о денонсации были подписаны президентом республики Алмазбеком Атамбаевым. Документы вступили в силу по истечении 15 дней со дня официальной публикации. При этом Киргизия пообещала выплатить России ранее вложенные в строительство Верхне-Нарынского каскада $37 млн.О чем говорит такое отношение руководства Киргизии к России?

Как отметил глава оппозиционной партии «Бутун Кыргызстан» Адахан Мадумаров, выступая на круглом столе в АиФ в Москве, который прошел 3 Марта, это говорит о том, что руководство Киргизии не видит в России партнера и не хочет идти не на какие уступки. Несмотря на то, что Кыргызстан вступил в Евразийское экономическое пространство в 2015 году, до сих пор не заметно, чтоб была стратегия переориентация на соседей, отметили выступающие. Как подчеркнул Председатель общественной палаты Руслан Сарымсаков, сейчас в стране руководство смотрит больше на запад чем на Россию.

Многие отмечают, что правительство республики ведет странную и непоследовательную политику. «В стране идет деградация и государственных институтов. Причина – так называемая парламентская республика. А по сути – это просто коллективная безответственность», – заявил Адахан Мадумаров. Он подчеркнул, что его партия выступает за возвращение к президентской форе управления и будет стремиться занять во власти позиции, несмотря на то как считают голоса в стране.

Политолог, генеральный директор медиа-холдинга «Регионы России» Ольга Чернокоз, также присутствующая на встрече, прокомментировала сложившуюся ситуацию. «Проблемы, существующие в Киргизской республике свойственны всем странам постсоветского пространства, в том числе и России. Все они являются объектом пристального внимания внешних сил под образным названием США. Проблема не в слабости экономики стран, а в слабости умственных усилий и отсутствие единой стратегии в мировом пространстве. Это факт, что каждой стране выжить самой по себе будет тяжело. Вернее, выжить она выживет, но сохранить ли свою идентичность? На мой взгляд, Россия тоже мало делает для того, чтобы консолидировать усилия бывших советских республик, нацеливаясь почему-то на более дальние страны, когда под боком старые связи и старые друзья. Необходим некий общий мозговой центр, который позволит работать на опережение «проискам врагов», а не бороться уже с последствиями», – считает Ольга Чернокоз.

Источник: ИА Регионы

Региональная конференция ФАО пройдет в Анталии, Турция

Делегация ФАО находится в Турции для проведения консультаций по подготовке к Региональной конференции ФАО для Европы, которая в этом году состоится в первых числах мая в Анталии.

Рабочую группу возглавляет Заместитель Генерального директора ФАО и Региональный Представитель Организации по Европе и Центральной Азии Владимир Рахманин (Vladimir Rakhmanin), который уже провел встречу в Анкаре с Фаруком Челиком (Faruk Celik), министром продовольствия, сельского хозяйства и животноводства Турции.

Далее делегация ФАО направится в Анталию, чтобы в рабочем порядке продолжить консультации с организаторами мероприятия на месте.

«30 сессия Региональной конференции ФАО для Европы пройдет в Турции с 2 по 6 мая», – сказал Фарук Челик, министр продовольствия, сельского хозяйства и животноводства. «Представители 53 стран встретятся здесь, чтобы обсудить вопросы развития сельского хозяйства и сельских районов. Мы также выработаем шаги, которые необходимо предпринять для осуществления Целей в области устойчивого развития. Мероприятие ФАО будет проходить после успешного проведения Турцией саммита G20 в прошлом году».

Региональная конференция ФАО для Европы и Центральной Азии является высшим руководящим органом Организации для всего региона. В мероприятии принимают участие министры сельского хозяйства и другие делегаты из 53 стран-членов ФАО и одной Ассоциированной организации (Европейский союз), а также представители гражданского общества и частного сектора. На Конференции будут обсуждаться вопросы, связанные с продовольствием и состоянием сельского хозяйства в регионе, а также будут определены приоритетные направления деятельности ФАО в регионе. Региональная конференция проводится раз в два года, в тот промежуточный период, когда не проходят очередные сессии Глобальной Конференции ФАО.

В рамках Региональной конференции – в первых числах мая – намечается проведение консультаций неправительственных организаций и заседания Комитета по всемирной продовольственной безопасности с участием широкого круга заинтересованных сторон.

Ольга Гребенникова, эксперт ФАО ООН в КР

Рассмотрен законопроект о распределения спецналога, выплачиваемого в рамках строительства газопровода «Кыргызстан – Китай»

 

Сегодня, 10 марта на заседании Жогорку Кенеша Кыргызской Республики был рассмотрен проект Закона «О распределении специального налога, предусмотренного в Соглашении между Правительством Кыргызской Республики и Правительством Китайской Народной Республики о сотрудничестве в строительстве и эксплуатации газопровода «Кыргызстан – Китай», подписанного 11 сентября 2013 года в г.Бишкек и ратифицированного Законом 30 декабря 2013 года. Докладчиком выступил председатель Комитета по экономической и фискальной политике Нурланбек Макеев.

Напомним, в рамках международного Соглашения проектная компания уплачивает кыргызской стороне специальный налог. Однако в документе не уточняется в бюджет какого уровня будут поступать данные средства. В связи с этим депутат прошлого созыва, инициатор законопроекта Марат Султанов выступил с предложением направлять выплачиваемый спецналог в фонды развития Ошской области, г. Ош, Алайского и Чон Алайского районов. Предусмотренный в Соглашении специальный налог распределяется в следующем порядке: 80 процентов – в республиканский бюджет, 10 процентов – в фонды развития Ошской области и г. Ош и 10 процентов в фонд Алайского и Чон-Алайского районов. Данные средства планируется использовать исключительно для развития и содержания инфраструктуры местного значения.

В ходе рассмотрения данного законопроекта Правительство КР выступило с предложением изменить коэффициент распределения средств в сторону снижения объемов направляемых спецсредств в фонды развития Алайского и Чон-Алайского районов и увеличения финансирования республиканского бюджета.

Однако инициатор законопроекта не согласился с предложением Правительства КР о снижении коэффициента объемов направляемых средств в фонды развития Алайского и Чон-Алайского районов. По его мнению, необходимо оставить порог распределения средств в размере 10 процентов в фонд г.Ош и Ошской области, а остальные нормы также предлагаются оставить в прежней редакции согласно которым 80 процентов средств направляются в республиканский бюджет и 10 процентов в специально создаваемые фонды развития Алайского и Чон-Алайского районов Ошской области.

Депутаты, обсудив нормы законопроекта, приняли решение направить документ на голосование в третьем чтении. Также на заседании был рассмотрен и направлен на голосование во втором чтении проект Закона «О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики» (в законы «О хозяйственных товариществах и обществах», «Об акционерных обществах», «О рынке ценных бумаг»).

Министерство труда и соцразвития: Кто имеет право на полное или частичное освобождение от уплаты страховой премии

Министерство труда и социального развития информирует о том, кто имеет право на полное или частичное освобождение от уплаты страховой премии.

От уплаты страховой премии полностью или частично освобождаются:

1) собственники жилых помещений – ветераны Великой Отечественной войны и участники обороны Ленинграда:

– лица с ограниченными возможностями здоровья, которым установлена инвалидность I, II, III групп, – освобождаются от уплаты страховой премии полностью;

– труженики тыла, имеющие I, II группы инвалидности, – освобождаются от уплаты страховой премии полностью;

– труженики тыла, имеющие III группу инвалидности, – освобождаются от уплаты страховой премии на 50 процентов;

– семьи военнослужащих, погибших в годы Великой Отечественной войны, – освобождаются от уплаты страховой премии полностью;

2) собственники жилых помещений, пострадавшие в результате аварии на Чернобыльской АЭС:

– лица с ограниченными возможностями здоровья, которым установлены I, II группы инвалидности, – освобождаются от уплаты страховой премии полностью;

– лица с ограниченными возможностями здоровья, которым установлена III группа инвалидности, – освобождаются от уплаты страховой премии на 50 процентов;

– вдовы погибших участников ликвидации последствий катастрофы на Чернобыльской АЭС – освобождаются от уплаты страховой премии на 50 процентов;

3) собственники жилых помещений – участники боевых действий в Афганистане:

– лица с ограниченными возможностями здоровья, которым установлена I, II группы инвалидности, – освобождаются от уплаты страховой премии полностью;

– лица с ограниченными возможностями здоровья, которым установлена III группа инвалидности, – освобождаются от уплаты страховой премии на 50 процентов;

4) собственники жилых помещений:

– лица с ограниченными возможностями здоровья, которым установлена I, II группа инвалидности, – освобождаются от уплаты страховой премии полностью;

– лица с ограниченными возможностями здоровья, которым установлена III группа инвалидности, – освобождаются от уплаты страховой премии на 50 процентов;

5) собственники жилых помещений – одиноко проживающие пожилые граждане – освобождаются от уплаты страховой премии на 50 процентов;

6) малоимущие семьи, имеющие социальный паспорт малоимущей семьи, – освобождаются от уплаты страховой премии на 50 процентов.

 

Депутаты Жогорку Кенеша посетили Школу женского лидерства

 

Депутаты Жогорку Кенеша Кыргызской Республики Айнуру Алтыбаева и Алтынай Омурбекова перед Международным женским днем посетили Школу женского лидерства. Состоялся обмен мнениями о гендерных проблемах с экспертами во главе с Розеттой Айтматовой.

Депутат А. Алтыбаева рассказала о работе форума женщин – депутатов, инициируемых его участниками законопроектах, касающихся насилия в семье, отношений родителей с детьми, охраны репродуктивного здоровья женщин.

Участники встречи договорились совместно работать над поднятыми проблемами, касающимися женских вопросов.

"Кыргызстан-Кытай" газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамга толуктоо киргизилди

 

Жогорку Кеӊеш 2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы “Кыргызстан-Кытай” газ өткөргүчүн курууда жана пайдаланууда кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КР мыйзамына толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзамды кабыл алды.

Айрым маалыматтар боюнча, 35 жылда газ транзити үчүн атайын салыктын суммасы атайын салык түрүндө 2,15 млрд. АКШ долларын түзүүгө тийиш, ал Долбоордук компаниянын филиалы же туунду юридикалык жагы тарабынан которулат. Бул каражаттар кайсы деңгээлдеги бюджетке келип түшөөрү Макулдашууда такталбагандыгы жөнүндө белгилей кетсек болот.

Ошондон улам, төмөнкүдөй тартипте бөлүштүрүлө тургандыгын белгилөө сунуш кылынат: -80 пайызы – республикалык бюджетке; -10 пайызы – Ош областын жана Ош шаарын өнүктүрүү фондуна; -10 пайызы – Ош областынын Алай жана Чоң-Алай райондорун өнүктүрүүнүн атайын түзүлүүчү фонддоруна, тиешелүү райондун аймагы боюнча газ өткөргүчтүн узундугунун катышынын өлчөмүндө.

Ошондой эле, Макулдашууга ылайык, Ош областын, Ош шаарын, Алай жана Чоң-Алай райондорун өнүктүрүү фонддоруна атайын салыкты төлөөдөн келип түшүүчү каражаттар жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүү жана күтүү үчүн гана пайдаланылаарын аныктоо сунуш кылынат.

 

Тажикстанда Рогун жашоочулары кармалды

Борбордон 90 чакырым алыс жайгашкан Рогун шаарынын жашоочуларын милиция кармап, Дүйшөнбүгө алып келди.

Себептери али белгисиз. Туугандарынын айтымында, кеминде 15 адам кармалган. Жакындары аларга намазды салафилердей болуп окушат деген кине тагылып жатканын ырастап, бошотулушун талап кылууда. Ал эми милиция сурак аяктамайынча маалымат берилбесин билдиришти.

Буга чейин Тажикстандын ички иштер министрлиги жаштардын диний-экстремисттик уюмдарга кошулуп кетишин алдын алуу үчүн «Активист» деген топторду түзүү демилгесин көтөргөн. Алардын мүчөлөрү калкка исламдын, пайгамбардын хадистеринин маани-маңызын түшүндүрүп турмакчы.

Шайлоодон четтетилген талапкерлер Назарбаевге кайрылды

Шаардык кеңештин шайлоосунан четтетилген төрт талапкер аларды каттоодон баш тарткан аймактык комиссиянын ишин мыйзамсыз деп табуууну сурап, президент Нурсултан Назарбаевге кайрылышты.

Өзүн өзү жылдырган мурдагы талапкерлер – Аида Жексенова, Фатима Жандосова, Даулет Кудайбергенов, Алмата Салгариндин салык декларацияларында жана соцфондго төлөмдөрүндө алешемдиктер табылган.

Талапкерлер марадан четтетилгенин үгүт маалында көрсөткөн жигердүүлүктөрү менен байланыштырышууда. БШКнын мүчөсү Марат Сарсенбаев каржы маселелерин эптей албаган талапкерлер мамлекеттик кызматта иштей аларынан күмөн санаганын билдирген болчу. Тизмеден алар күн мурун чыгарылган.

Кыргызстанда экстремизмге тартылган аялдардын саны көбөйүүдө

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кабарлагандай, өлкөдө экстремизмге тартылган аялдардын саны көбөйүдө.

ИИМдин башчысы Мелис Турганбаев бүгүн терроризмдин алдын алууга арналган форумда маалымдагандай, акыркы 10 жылда экстремизмге тиешеси бар аялдардын саны күндөн-күнгө өсүүдө. Алардын орто жашы 22-25ти түзөт.

Министрдин айтымында, Баткен облусунан Сирия менен Иракка 40тан ашуун адам чыгып кеткен, алардын 10у курман болуп, калган төртөө Кыргызстанга кайтып келишкен.

Бийликтин айтымында, Сирия жана Ирактагы согушка 500төн ашуун жаран кошулган. Алардын көбү- Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынан. Бейрасмий маалыматка ылайык, Сирияга кеткендердин саны миңге жакындашы мүмкүн.

Ырылдаган чырылдаган интригалар

Биздин редакция бир апта мурун өлкөбүздө эң чоң уюмдун – Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын ичиндеги ырылдаган интригандардын оюндары боюнча макала чыгардык элек, ошондо келе жаткан Кеңешмесиндеги күн тартибинде карала турган кандай маселер жөнүндө жазганбыз. Жазганыбыз көзү ачык кишинин айтканындай болуп, ички ыр-чыры андан бетер күч алып, бири-бирин басынтып, бири-бирин жок кылганы апогейге житиптир.

Өткөн санда 4 мартта өтө турган Федерациянын Кеңешмесинде негизги карала турган маселе, КПФын алдындагы Курорттор башкармалыгынын жетекчиси Чынара Токобаеванын иштен алып салуу болчу. Биздин божомолго жана маалыматтка ылайык,  профсоюздардын карт бөрүлөрү ал айымдын башын жеп, ал эле – бул эле деп жатып, акыры штен бошотушуптур, издегендер табат эмеспи, шылтоону эптеп табышып Токобаеваны айдашыптыр. Билбегендер таң калат болушу керек, эмнеге адамдардын укугун коргой турган чоң уюмдун ыр-чыры бүтпөйт, арыздашып эле, улам-улам бири-бирин боктоп, чукулап, сотко беришет деп? Билбегендерге айтып коюш керек, акча көп жерде, элдин артынан, анын эсебинен жашаган жерде дайым чыр көп болот. Учурда, Кыргызстан профсоюздар Федерациясы эмгекчилдердин укугун коргогон уюм болбой, тескеринче эмгекчилдердин кордогон уюмга айланды. Анткени Токобаева бул биринчи эле басым алган кызматкер болгон жок, ага чейин КПФын юристи,  аппарат жетекчиси ж.б., болгон.

Чынара Токобаева эмнеге айдалды, жаман же жакшы иштегени үчүн эмес, ал болгону жакшы кызматта болчу, бул кызмат орду азыркы КПФын жетекчилиги бирөөлөргө убада кылып берген. Кызыгы Токобаева ооруп жатса бат-баттан жыйын өткөрө салып, ишке чыканда кызмат ордун бошотсун деген чечим чыгарып салышты, анан ушундай адамдар эмгекчилдерди коргойбу? Айрымдар айтышат экен профсоюздук мафия деп, ошонусу чын окшойт, чекесинен бирден чертип ата беришет экен. Эми май-талканды каалаган орунга ким келет болду экен деген суроо жаралбай койбойт, ага да бизде жооп бар. Учурдагы федерациянын төрагасы Жанадил Абдырахмановго кулагына шыбыр этип шыбырап жүргөн, эзели элди жыргатпаган “кеңешчиси” (мурунку төраганын биринчи орун басары) Темирбек Джаналиев келет деген маалымат бар. Ал болбой калса дагы бир интриган даярда, кыскасы ким болбосун, учурунда Абдырахмановго жардап берип, мурунку төраганы “узаткандардан” бири болот да. Санаторий, курорттордун ишин жакшы билген адам келмек беле, эптеп ошол жерге барып алып, анан бир нерсе кылып, даамдуу чайнасам деген киши келет да.

Калыс Айкынов

Булак: “Искра”

Медакадемиянын аппарат жетекчиси өз ажалынан кеттиби же “жардамдашкандар” болгонбу?

25-февраль күнү УКМКнын 12 кызматкери медициналык академиянын имаратына кирип келишип, ал жерде аппарат жетекчиси болуп иштеген Абдикарим Гапаровду кармамакчы болушкан. Ага Епифанов аттуу жарандын арызы негиз болгон имиш. Чекисттердин коомчулукка түшүндүрмүсүнө караганда 24-февраль күнү Е.В. аттуу жаран кайрылып Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынында аппарат жетекчиси болуп иштеген А.Гапаров аттуу жаран андан 30 миң сом пара сурап жатыптыр. Себеби: Е.В. медакадемияга тиешелүү жерден участок алып, соода павильонун орнотуп жан бакмак экен. Бирок, А.Гапаров аны кайра-кайра чакырып талап кыла берген имиш. УКМКнын 12 кызматкери медакадемиянын бир да кызматкерин күбө катары чакырып катыштырбастан, тескерисинче аларды ишке алараштыруудан качып турушкан. УКМКнын оперлери жана тергөөчүлөрүнөн турган 12 адам бир сааттан ашык убакыт А.Гапаровду өз кабинетинде жабык эшик артында кармап сурак кылышкан. Натыйжасында, А.Гапаров сурак учурунда каза болуп калган.
АКИпресс агенттигинде өткөн жыйында маркум Абдикарим Гапаровдун жакындары жана жактоочусу Номанжан Аркабаев иш жагдайы таптакыр башкача болгонун колдорунда турган документтердин негизинде далилдеп беришти:

  1. УКМКга арыз жазып кайрылды делген, 17.04.1987-ж.т. Епифанов Вячеслав Игорьевич аттуу жаран тууралуу Мамкаттоо кызматынын тутумунда турган «Адресное бюродон» алынган маалымат боюнча бул адам Кыргызстанда жашап туруп, 2010-жылы Россия Федерациясына кетип калган. Албетте, бул да мамлекеттик органдардан алынган расмий маалымат. Муну азырынча эч ким төгүндөй элек. УКМК кандай жооп даярдайт экен, күтө туралы!
  2. Беш күндөн бери УКМК кызматкерлери В.Епифановдун жазган арызын маркумдун жактоочусуна көрсөтпөй жатышыптыр. Эмне себептен? В.Епифанов Россияда жашаса башка Кыргызстанда жашап жаткан «Епифановду издеп таппай жатышабы? Ал арызды көрсөрүп коюуда эч кандай мыйзам бузуу болбойт. Анын мамлекеттик жашыруун сыры деле жок. Анда чекисттер эмнени ойлоп таппай жатышат?
  3. Мыйзам боюнча шектүүнү кармоодо ишке кызыкчылыгы болбогон адамдарды күбө катары чакырып, алардын катышуусунда гана тинтүү иштерин жүргүзүү керек.
  4. Эмне себептен А.Гапаров жүрөгүнөн кыйналып жатса 12 чекисттин бири да тез жардам машинасын чакырган эмес. Тез жардам кызматынан алынган расмий маалымат боюнча тез жардам машинасын медакадемиянын биринчи кабатында турган күзөт кызматкерлери чакырышкан.
  5. Эмне себептен А.Гапаровдун кабинетиндеги жаңы креслолор сынып, анын көйнөгү айрылып, кол саатынын боосу үзүлүп бир жерде жатса, мойнундагы галстугу чечилип башка жерден табылып жатат. Ал гана турсун бут кийиминин бир түгөйү да башка жерде жаткан. Кылмыш ишин иликтөөдө эң биринчи окуя болгон жерге көңүл бурулат эмеспи. Эми бул фактыны чекисттер сыйкырлуу жол менен жок кылып жибербестир?!
  6. Эмне себептен ьез жардам машинасы А.Гапаровго жардам көрсөтүүгө келген учурда УКМКнын 12 кызматкери тең качып кетишкен. Жок дегенде тергөөчү ошол жерде туруп, окуя кандай болгонун айтып барип турса болбойт беле?
  7. Маркумдун жакындарынын (уулунун, бир тууган агаларынын) айтымында А.Гапаров ошол күнү тойго бармакчы болуп, салтка ылайык кошумча кошмокчу болуп үйдөн акча алып кеткен. Бирок, ал акчалар да маркумдун жанынан табылган эмес. Айтмакчы, «портмонеси» да чөнтөгүндө эмес, башка бурчта ачык чачылып жаткан. Эмне болгон, биздин чекисттер ушунчалык төмөнгө түшүп, адамдык сапат дегенден кур-жалак калып жатышабы?

Уланта берсек мындай суроолор дагы көп. Бүгүн ушуну менен эле токтото туралычы. Маркум Абдикарим Гапаровдун табышмактуу өлүмүнө байланышкан дагы далай макалалар жазылып, журналисттик иликтөөлөр жүрөөрү боло турган иш.

Мухтар ЖАРКУЛОВ
Булак: “Искра”

 

Көмүлгөн маркумдардын дене-мүчөлөрү кимдерге керек

(Бүгүнкү күндөгү соттук-медициналык эксперттердин жоруктарынан шиңгилдер)

БИРИНЧИ ИКАЯ: ЖОГОЛГОН БАШ ТУУРАЛУУ

Кадамжай районунда 2010-жылдын 22-августунда 19 жаштагы Зубайда Атабаева киши колдуу болуп каза болгон. Алгачкы териштирүү иштеринде көп мүчүлүштүктөр кеткендиктен Бишкектен «Көз каранды эмес экспертиза борбору» ЖЧКсынын эксперттери 06.11.2010-жылы өлүктү кайра казып чыгып (эксгумация) кайрадан экспертиза жүргүзүшөт. Бирок, анын жыйынтыгы менен жабырлануучу тарап макул болбогондуктан РЕспубликалык экспертиза борборунун эксперттери 3-экспертизаны жүргүзүү үчүн мүрзөнү ачышканда маркум Зубайданын башы жок болуп чыгат. Мына ошол 6 жылдан бери башты ким алып кетти деген суроо жаралып, эл арасында чоң резонанс жататып келген. Көрсө, маркумдун башын ЖЧК эксперттери экспертиза үчүн Бишкекке алып келе беришиптир. Баш ошол бойдон унут калат. Кийинки ачылганда ачыкка чыккандан кийин эмне кылаарын билбеген эксперттер маркумдун башын посылка аркылуу Кадамжай РИИБинин тергөөчүсүнө жөнөтүшөт. Тергөөчү башты канча мөөнөт кабинетинде кармап олтурганы белгисиз, бирок аягында Зубайданын башын Ак-Турпак айыл өкмөтүнө өткөрүп берет. Алар З.Атабаеванын сөөгү кайсыл жерге коюлганын так билбегендиктен өкмөт төрагасынын орунбасарынын сарайында 2 айча кармап, кайра тергөөчүгө өткөрүп берет. Бул факты да жакында ачыкка чыкты. Мусулманчылык жөрөлгөлөрүн карманышкан Бүргөндү эли эми эксперттерди, укук коргоо органдарын чакырып, кыздын башын жайына коюп коюусун талап кылып жатышат. Жакында Бүргөндүдөн чыр чыкканы калды окшойт. Маркумдун атасы Бишкектен журналисттердин келүүсүн күтүп турган маалы.

ЭКИНЧИ ИКАЯ: ЖОГОЛГОН БӨЙРӨК ТУУРАЛУУУ

Бул окуя өткөн жылдын август айында болгон. Ак-Талаа районундагы Терек айылынын тургуну, 48 жаштагы Султан Чоюбеков табышмактуу жагдайда каза болот. Маркумдун туугандары анын денесиндеги жаракаттардан улам киши колдуу болуп каза болду дешип милицияга арыз менен кайрылышат. Облсотмедэксперт Бакыт Жумалиев өлүккө экспертиза жүргүзүп, «жомоктун» баарын жазат. Эмне үчүн «жомок» деп жатабыз? Ал төмөндө белгилүү болот.

Бакыт Жумалиевдин корутундусу менен макул болбогон Чоюбековдор Бишкектеги РЦСМЭге комиссиялык экспертиза дайындатышат. Бишкектен барган эксперттер өлүктү ачаары менен эле Бакыт Жумалиевдин биринчи жомогу дайын болду. Жумалиев корутундусунда: « … баш мээсин кесип көргөндө мээнин катмарлары ачык көрүнүп турат, каны толук, айрым жерлеринде кан куюлган жерлери бар» деп жазылган. РЦСМЭнин эксперттери маркумдун мээси эле эмес башы да ачылбагандыгын далилдешип, өздөрү башты ачып экспертиза жүргүзүштү. Облэксперт өз корутундусунда андан ары мындай деп жазган: « Бөйрөктөр бирдей чоңдукта, буурчак формасында, өлчөмү 10,5х6,3 см,. Ар бирининсалмагы 150 грамм…» Мындан аркысын жазбай эле туралычы. Кыскасы, Бишкектик эксперттер карап чыгышканда маркумдун оң бөйрөгү жок болуп чыгат.

Бул кылмыш иши азырынча аягына чыга электигине байланыштуу көп сырды жарыялабай турганыбыз жөн. Бирок, айтып коелу: маркум С.Чоюбековдун эки бөйрөгү болгондугун далилдеген 3 медициналык корутунду турат. Анда оң бөйрөк кайда кетти. Мүмкүн киши колдуу болуу мандеми ошол оң бөйрөктө болуп жүрбөсүн. Эң кызыгы, облсотмедэксперт Бакыт Жумалиев кесиби боюнча тиш доктур экен. 3-4 жыл мурун кандайдыр бир себептер менен кызматынан куулуп, анан Нарын облсотмедэкспертиза борборуна орношуп алыптыр. Бүгүнкү күндө жөн эле эксперт эмес, бөлүм башчылыкка жеткен. КРнын «Соттук медициналык экспертиза жөнүндө» Мыйзамына ылайык тиш доктур эч качан сотмедэксперт боло албайт. Баштагы тиш доктур ошондуктан да башты кантип ачаарды жана бөйрөк кай жерде жайгашканын билбей, кесиптештери жазган корутундуну көчүрүп койгондой таасир калтырат.

Мухтар Жаркулов

Булак: “Искра”

 

Жалал-Абад шаарында атайын интимдик кызмат көрсөтүүчү жашыруун жай табылды

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына таян­сак, Жалал-Абад облусунун аймагында “Көпөлөк” аталышында алдын алуу жана ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрдү. Анын жүрүшүндө Жалал-Абад шаарындагы Курулуш көчөсүндө сойкулук менен алектенген жашыруун жай дагы табылды.

Баса, жалаң гана интимдик кызмат көрсөткөн бул жайды иштетип жаткандыгы үчүн 1961-жылы туулган У.К. кармалып, ага чара көрүү максатында тиешелүү укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

 

Булак: “Майдан.кж”

Кызды адегенде зордуктап, кийин шантаж кыла баштаган

Чоң эле киши адегенде кызды зордуктап, анан аны видеого тар­тып алган. Ошондон кийин секелекти коркутуп, 25 миң сом талап кыла баштаган. Бул туурасында Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

– Милицияга Ош шаарынын жыйырма жаштагы тургун кызы кайрылды. Аны былтыр 29-декабарда Баткен шааарынын четинде тааныш адамы күч колдонуп, кадимкидей зордуктап таштаган. Ошол эле учурда бул зордуктоону видеого тартып алганга дагы үлгүргөн. А түгүл кызды коркутуп-үркүтүп, 25 миң сом сурап жаткан кербези. “Мынча каражатты бербесең, бул окуяны интернет аркылуу жайылтып, а тугул окуган жериңде сени накта шерменде кылам!”- деп опузалоодо, Буга улай ал зөөкүр эселектин чөнтөк телефонун жана алтын сөйкөлөрүн дагы тартып алган, – деди Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын  өкүлү.

Баса, соңку сааттарда бул иштүздөн-түз тиешси бар эркек кармалып, сурак берип, териштирүү иши кызыды.

Булак: “Майдан.кж”

Качкынбек Булатов, укук коргоочу: “ Мактанып  көкүрөгүн урган Атамбаев кокус революция болуп кетсе, Түлеевдин жанына барабы же балким, Нарынбаев экөө бир бөлмөгө ээлик кылышабы?"

 

Кыргызстанда жаз келип, жаратылыш жандана баштаганда бийликке нааразы болгондордун күбүң-шыбың кептери жүрүп, эл арасы да жандана баштайт. Бул синдром өлкөнүн тарыхындагы бийликке нааразычылыктан улам чыккан бир эмес, эки көтөрүлүштүн жаз мезгилине, тагыраагы, март-апрель айларына туш келгендигинен улам пайда болуп, терс өнөкөт көрүнүшкө айланды.

Албетте, ар жаз сайын карапайым элди козгоп, көтөрүлүшкө үгүттөп, революция кылуу менен бийликти алмаштыруунун натыйжасында мамлекет башына келген элитанын андан ары эл үчүн ак кызмат өтөө менен максатына толук кандуу жетишине кепилдик жок экендигине баарыбыз күбөбүз. Ошентсе да, эл эртеңки келечекке үмүттүү карап, бийликке болгон нааразычылыгын сыртка чыгарып, тилек-мүдөөлөрүн жүзөгө ашырууга умтулат. Ошонун негизинде теңсиз бийликке каршылык кылуу митингдери кандуу кагылышууларга айланып, эки бирдей төңкөрүштү башыбыздан кечирдик. Арамза, жүзүкара саясатчылардын чындыгында көпчүлүктү өз кызыкчылыктарына колдонуп, алдап келгенин аңдабай, тескерисинче, кош колдоо көргөзүп, чоң ишеним артып, кызмат орундарына алып келдик. Ошондогу Текеси, Кочкору болобу,  оппозициялык маанайдагы саясатчылар элге жакшы мамиле кылып, “колдоп тургула, бийликке келсек, бир айдын ичинде өлкөнү оңдоп-гүлдөтүп жиберебиз” деп ооз толтуруп, кучак-кучак убадаларды беришчү. Ошентсе да, алардын бийликке келери менен хамелеондой түстөрүн өзгөртүп, башка нукка бурулуп кетээрин эч ким билген дагы эмес. Ырасында, өз бийликтерин коргоо максатында канга колдору малынып, кырчындай жаш жигиттерди садага чаап, адам өмүрлөрүнө кол салышканы далилдүү факт. “Шибегени капка ката албагандай” эле, адам канынын төгүлүшү артында бийликке келгендерин унутуп коюшуп, өлкөнү экономикалык каатчылыкка ого бетер белчесинен батырып, коррупциялык, жемкорлук, паракорлук көрүнүштөр арбын, кылмыш чөйрөсү күч алып, буйрутма адам өлтүрүү фактылары жандана баштаганы жашыруун эмес. Ошентип, “кайда барса мамайдын көрү” демекчи, мамлекетте бир дагы өзгөрүү болбостон, баягы таз кейпибиз менен калдык. Ошондуктанбы, айтор, быйылкы жылы да жаз баш багаары менен көнүмүшкө айланган революцияны эңсегендер да четинен чыгып, көтөрүлүш болобу, жокпу деп алдын-ала болжоп, көпчүлүк уу-дуу болуп аткандай. Айрым төбөсү көрүнгөн кыраакы серепчилерден тарта көзү ачыктарга чейин бири “революция Нарындан башталат” десе, экинчиси “Таластан”, башкасы “Жалалабаддыктар көтөрүлөт” деп маалымдоо каражаттары аркылуу ар кыл малыматтарды жар салып баштады.

Жогоруда айткандай, буга чейинки эки революция өзүн өзү актаган жок, карапайым эл убадачылардан эчак эле түңүлгөн. “Революцияны фанаттар жасашат, ал эми жемиштерин шумпайлар колдонушат” деген кеп дал келгендей, революцияны эл жасады, бирок, бийликке мурдагы уурулардан ашынган уурулар келишип, баарынын  кыжырына тийип бүтүштү. Кыргызстанда качантан бери келаткан саналуу саясатчылар гана бар, алардын баары Ак үйдөн кызмат өтөп чыгышып, элдин элегинен өтүшкөн. Ошентсе да, бири дагы элдин ишенимине толук кандуу кире алган жок. Кимиси болбосун, кызматка келгени элди жогорудан төмөн карап, мансабына манчыркап, жең ичинен байлыктарын топтоого киришишти. Акыры демагог, кошоматчы, жүзү кара, ууру элита пайда болду. Мындай кооптуу акыбалга кантип келип, жарга такалып калганыбызды өзүбүз да байкабай калдык.
Өз кезегинде ажо Атамбаевди кетирсек, анын ордуна ким келет, татыктуусу барбы? – деген кабыргасынан коюлган суроо жаралат.  Саясатчылардын буга чейинки ишмердүүлүктөрүн талдап, баам салып карап көрсөк, бир дагы камчыга сап эл жүгүн көтөргөн, жаратмандык бийик сапаттарга эгедер кыргыздын уулу жок экен. Президент болууну самагандар өтө көп, бирок, алардын кимиси элди сүрөй алат, кимиси элдин ырыскысын көтөрө алат? Ырасында, республикалык деңгээлдеги менменсинген жетекчилердин эл үчүн өтөгөн кызматтарын таразага салсак, саясатка  кирдебеген, эл ишеничине татый турган бирөө-жарымды табуу кыйынчылыкта туудурчудай.
Маселен, тээ алыста жүргөн Бакыт Бешимовдун талапкерлигин сунуш кылгандарга “жок, ал  Атамбаевдин акчасын уурдап кеткен” деп артынан кеп кылышат экен, жел болбосо, чөптүн башы кайдан кыймылдасын, балким, ошол себептен эл-журтуна кайрылбай, бөтөн жер, бөтөн элде жүргөн чыгар.  Айтымда, кыргыздын кандан-бектен тартынбаган мекенчил уулдарынын бири, өз убагында Ош шаарынын мэри болуп турган кезде даңкы далайга угулган жетекчи Мырзакматов, Садыр Жапаров алдыга баштап чыкса, бийлик камап коюшу мүмкүн. Ал эми тыңчыкма жигиттердин бири, иштин көзүн билген, уюштуруучулук, жаратмандык сапаттарга ээ Нариман Түлеевди деле жалган жерден жалаа жаап, абакка салып, оокат-мүлкүн өздөрүнө ала албай жатпайбы. Аксакал жетекчилердин бири Мамат Айбалаевдин туусун көтөрбөйлүкбү, – дегендерге “Мамат аксакалдын каруу-күчү кетип калды” деп, ишеним артышпагансыйт. Ошондой эле, Адахан Мадумаров бийликте жүрүп кеткен, Акылбек Жапаровду өтө кооптуу, куу саясатчы, өлкөнү “оптом” менчиктеп алып коёт имиш. Айтмакчы, Акылбек Жапаровго бийлиги  жокто баарына дос болсо, кызматка келгенден кийин, манчыркап, баарынан качып калмай адаты бар деп мүнөздөмө беришет. Саясатка аралашкан демагогдор көп, бирок, эл  кооз сөздөн, куру убададан, алдамчы саясаттан тажап бүткөндүктөн, эч ким колдобойт. Андыктан, Атамбаевдын бактысына жараша, оппозициячыл башка альтернатива дээрлик жок болуп, ажобуз казанчынын эркиндей каалаган жерден кулак чыгарып, билгенин жасап турган кези.
Жакында эле Нарында нааразыланган тарап  митингге чыкты эле бийликтин жүрөгү болк этип, Алласы оозуна келе тушту, теңиртоолуктарга байма-бай каттап, эл менен жолугушууларды өткөрүп, ак үйдөгү, көк үйдөгү уурулар алдап-соолап тынчытышты. Чындыгында, өлкөнү экономикалык каатчылыкка өздөрү учуратып алып, эми аргалары куругандан бир гана Россия жардам береби деп үмтөтүп турган кездери. Атамбаевдин ишенген кожосу Путин “Эрдогандын чалгынчысы” деп сыртын салып, геосаясат дагы өзгөрүлүп, жардам берет деп үмүт кылган Россия өзү жандалбастап туру. Мактанып  көкүрөгүн урган Атамбаев жок, кокус революция болуп кетсе, Түлеевдин жанына барабы же балким, Нарынбаев экөө бир бөлмөгө ээлик кылышабы, а балким, айрым экс-президенттердин салтын улап качып да кетиши ажеп эмес. Ал эми эл эскирип, дат баскан бульдозер, тракторлордой сыртынан калбаат болгону менен ичинен желип, иштетилип бүткөн мародёр, алдамчы саясатчыларды таптакыр колдоого албайт, ал тургай аттарын укканда тетири карап, кол шилтешет. Ал эмес “үч-төрт “идиотту” атып таштагыла да, Ошко дүрбөлөң сала бергиле” дегендерди, “эки миллион долларды адистер менен кеңешип туруп алалык” деп, 19 тонна Максимдин лабораториясындагы алтынды тоноп алгандарды, банктарды карактагандарды, Ысык-Көлдөгү пансионаттын тоногучтарын эл эч качан унутпайт. Баарына баары беш манжадай белгилүү болгону менен, муз ордунан козголбой, бир дагы кылмыш иши  ачылган жок жана бири да жоопкерчилик тарткан жок. Эл ууру-кески саясатчылардан, шайлоолордон тажап, эл башына акылман жаратман лидерди эңсеп турган кези. Эгерде эл таза инсанды жарата албаса, мыйзам үстөмдүгүн өлкөнө орното албаса, уурулардын туткуну болуп, Сирия, Ливия, Афганистан синдромуна айланарыбызга аз калды. Эгерде саясатчылар мыйзамдуу өлкө кура албаса, анда сакалчандар башаламан жагдайдан пайдаланып, бийликке келип халифат куруп алуулару толук мүмкүн. Арийне, мындай кудай сактасын, башыбыз бүтүн, боорубуз эсен болсун.
Укук коргоочу Качкынбек БУЛАТОВ
Булак: “Азияньюс”

Кара-Суу районунда хизбутчу аялдар жыйын маалында туткундалышты

Кара-Суу районунда “Хизб-ут- Тахрир” диний экстремисттик уюмуна мүчө делинген аялдар бир үйгө топ- толуп, жыйын куруп жатышкандыгы аныкталган. Ошондуктан, укук коргоо органынын кызматкерлери буларды жеринде кармашты. Бул жөнүндө Ош шаары жана Ош облусу боюнча ички иштер башкы башкармалыгынын бас­ма сөз кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев кабарлады.

-Милиция бул жыйын өтүп жаткан үйдү тинтип, тыюу салынган диний адабияттарды табышты. Аларга дароо теологиялык экспертиза дайындалды. Ал эми кармалган он алты аял алгачкы сурактан кийин гана үйлөрүнө кое берилди. Ушул тапта бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоо маселеси каралып жатат, – деп кошумчалады. Ош шаары жана Ош облусу боюнча ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев.

Баса, Кыргызстанда тыюу салынган диний уюмдарга мүчө 1800дей адам диний экстремист сыңары эбак эле каттоого алынган. “Хизб-ут-Тахрир” диний экстре­мисттик партиясынын идеясын жайылтып жүргөндөр жалпы каттоого алынгандардын 81 пайызын гана түзөт. Булардын басымдуу бөлүгү Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын жашоочулары болуп саналышат. Соңку жылдарда Нарын жана Ысык-Көлдө дагы хизбут-тахрирчилер ашкере активдеше башташты.

 

 

 

Булак: “Майдан.кж”

Ыңгайсыз суроолор: Оппозициячыл генерал Өмүрбек Суваналиев жана КСДПчы депутат Рыскелди Момбеков

Кыргызстанда “Оппозициялык күчтөрдүн биримдиги” деп аталган кыймыл түзүлдү. Оппозициянын көздөгөнү эмне? “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасынын бул жолку чыгарылышында генерал, экс-министр, оппозициянын лидерлеринин бири Өмүрбек Суваналиев менен КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков катышышты.

Булак: Азаттык

Кыргыз эл акыны Эгемберди Эрматовдун “Мухаммед пайгамбар” дастаны түрк тилине которулду

 

Кыргыз эл акыны Э.Эрматовдун 2001-жылы жарык көргөн “Мухаммед пайгамбар” дастаны 2016-жылдын февраль айында Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо Фондунун тапшырыгы менен которулуп, басылып чыгып, бүгүн 10-мартта бет ачар аземи өтөт.

Иш чара КР Президентинин №1 резиденциясында өткөрүлөт. Китептин бет ачар аземине акын-жазуучулар, КР Өкмөтүнүн өкүлдөрү, ЖК депутаттары, ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.

Бийликтин айрым аракеттерине каршылык көрсөтүү митингдери Кыргызстандын бардык аймактарында башталат

Митингге чыгуучу эл бийликке турак-жайды камсыздандыруу, электрэнергияга тарифтин көтөрүлүшү ж.б. сыяктуу бир топ жашоо-тиричиликке оордугун салган аракеттери үчүн нааразычылыгын билдиришет.

Оппозиция өкүлдөрүнүн айтымында, митинг 14-мартта башталып, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарын камтыйт.

Улуттук оппозициялык кыймылдын лидерлеринин бири Кубанычбек Кадыровдун белгилешинче, митингди эл уюштуруп атат. Аймактардан башталган митингдин кульминациясы 24-мартта Ош шаарында болоору күтүлүүдө.

Маалыматка караганда, Талас аймагынын эли “Кумтөр” маселеси чечилмейинче, “Жерүй” алтын кенин иштетпөө талабын айтышат. Улуттук оппозициялык кыймылдын өкүлдөрү аймактагы бардык митингдерге катышат. Ошондой эле учурда бир катар оппозициялык кыймылдар биригүү маселесин талкуулашууда. Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов да оппозицияны колдоо ниетин билдирген.

Ал эми 24-мартта Ош шаарында боло турчу митингдин уюштуруучус “Эл үнү” кыймылыгын лидери Азимбек Бекназаров аны Элдик Курултай деп атаганын ачыктады. Ага оппозициялык кыймылдын өкүлдөрү менен катар бийлик мыкчыгерлери да чакырылган.

Бекназаровдун айтымында, анда өлкөдөгү социалдык-экономикалык жана саясий кырдаал талкууланат.

Булак: “Саясат.кж”

Казакстандыктар эки жолудан добуш берүүгө камданышууда

Казакстанда март айынын соңунда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоолор өтөт. Биздин өлкөгө бул окуянын эч кандай тиешеси жок өңдүү болсо да, ал көптөгөн политологдордун көңүлүн өзүнө бурат. Асыресе, ар бир шайлоо – бул мамлекеттин турмушундагы жаңы этаптын башталышы жана анын кандай болушу көпчүлүккө, анын ичинде коңшулаш өлкөлөр үчүн да, биздин жагдайдан алып караганда ЕАЭС сыяктуу ири экономикалык биримдикке кирген кырдаалда бөтөнчө мааниге ээ.
Мажилиске мөөнөтүнөн мурдагы шайлоолор 20-мартка – бир эле учурда бардык деңгээлдердеги маслихаттарга депутаттарды кайра шайлоо белгиленген. Депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууну мажилисмендер өздөрү сунуш кылышып, буга үч себепти жүйөө же аргумент катары келтиришкен. Атап айтканда, электораттык жуп жарышта миссияларын аткаруусун айкалыштырууда үнөмдүүлүк жана өлкөнүн парламентине жаңы күчтөрдү тартуу зарылдыгы менен түшүндүрүшкөн.
Ал эми пункттар боюнча бөлүп карасак, “өз миссиясын аткарышты” деген эмне? Депутаттар төрт жыл ичинде Мажилисте 460 мыйзам долбоорун кабыл алышкандыгын, булардын ичинде, мисалы, кеңири масштабдагы модернизациялоо жана реформаларды жүргүзүү үчүн баарынан мурда зарыл болгон мыйзам долбоорлорун эсептеп чыгышты. Бул мыйзамдар мамлекеттин бардык жашоо-турмушун камтыган чөйрөлөргө – кайра иштетүү өнөр жайына, АПКга, коопсуздук секторуна жана мамлекеттик органдардын иштерине тийиштүү. Кабыл алынган нормативдик актылар соңунда өз жемиштерин берери шексиз. Булар тыкыр иликтенип, иштелип чыккан, конкреттүү каатчылык учурларын жүзөгө ашыруу жаатында бир катар эл аралык мыйзам долбоорлору изилденди.
Экинчи аргумент — бул үнөмдүүлүк. Борбордук шайлоо комиссиясында айкалыштырылган электораттык процесске канча каражат кете тургандыктарын эсептеп чыгышкан: мажилистин жана бардык деңгээлдердеги маслихаттардын депутаттарын шайлоого республикалык бюджеттен 8 млрд тенге каражат керектелет. Эгерде эки шайлоо процесси өткөрүлсө, наркы жогорулап, 4,8 млрдды түзмөк. Шайлоо фонддору боюнча алып караганда да шайлоолордо үнөмдүүлүк орун алат: үгүттөө каражаттарына жана башка электораттык керектөөлөргө бюджеттен акча бөлүнбөстөн, партиялар шайлоо фонддорун өз алдынча түзүшөт. Шайлоого катышууну каалаган саясий бирикмелер маслихаттардын депутаттыгына талапкерлер сыяктуу эле БШКна аныкталган суммадагы акча төлөмдөрүн жүргүзүүлөрү кажет. Бул акчалар чыгымдалбастан, депозитте сакталат жана жети пайыздык барьерди өткөндөргө кайтарылып берилет. Калган учурларда каражаттар депозиттен республикалык бюджетке которулат. Бүгүнкү күнү өлкөдө жети саясий партия катталган: «НұрОтан», «Ақжол» демократиялык саясий партиясы, Жалпы улуттук социал-демократиялык партия, Казак республикасынын коммунисттик партиясы, «Бірлік» жана «Ауыл» партиялары, ошондой эле, «Азат» демократиялык партиясы. Булардын ар бири эң көбүндө 127 талапкерди чыгарууга акылуу жана ар бири үчүн 15 минималдуу айлык акынын көлөмүндө шайлоо үчүн төлөмдөрдү жүргүзүүгө туура келет. Ал эми маслихаттарга шайланууну каалагандар Боршайкомго беш минималдуу айлык акынын көлөмүндө акча каражаттарын төлөшү кажет.
Мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду өткөрүүнү демилгелеген мажилисмендердин үчүнчү аргументи – парламентти диверсификациялоо зарылдыгынан улам пайда болгон. Мажилис жаңы күчтөргө жана идеяларга муктаж. Бул шайлоо өнөктүгү жигердүү жана интенсивдүү болуп, саясий партиялар кызыктуу программаларды алып чыгышат. Парламентте саясий уюмдардын айрыкча, калктын катмарынан “өкүлчүлүктөрү” өңүтүндө көбүрөөк болушу абдан маанилүү.
Бүгүнкү күндө Казакстанда да жана анын чегинде да жөнөкөй эмес экономикалык кырдаал өкүм сүрүп жатат. Энерго алып жүрүүчүлөргө дүйнөлүк баанын төмөндөшү, америкалык жана кытайлык биржалардын кыйрашы, Россияга каршы экономикалык санкциялар жаңы эрежелерди талап кылат. Бийликтин мыйзам чыгаруу базасындагы креативдүү идеялар жакынкы убактарда чындыгында алтынга барабар болот. Мажилистин курамына бир да жолу өтпөгөн партиялар өз программаларын даярдап жатышат. Шайлоо алдындагы платформалар аныкталуучу жана талапкерлер көрсөтүлүүчү партиялык съезддерди өткөрүү белгиленүүдө.
Ошол эле убакта “талаа” тажрыйбасын эбак топтоп койгон саясий структуралар дагы көбүрөөк депутаттык мандаттарды ээлөөнү көздөп жатышат. «Өзүңөр калыс болгулачы, мурдагы шайлоолордо башка партиялар менен катар барганбыз, бизде азыркыдай саясий тажрыйба дагы, парламенттик ишмердүүлүк тажрыйбасы дагы болгон эмес. Ал эми азыр бизде бул бар. Андыктан, максималдуу 15 орунду ээлөөнү мерчемдеп жатабыз», — дейт Мажилистин бешинчи чакырылышынын депутаты коммунист Владислав Косарев, өз божомолдору менен бөлүшүп.
Парламенттин курамынын жаңырышы боюнча аргументке токтолсок, политологдор менен серепчилер жаштарга, айрыкча, “болашакчыларга” көңүл бурууну сунушташат. Казакстан эгемендүүлүккө ээ болгону батыштагы кадыр-барктуу жогорку окуу жайларын миңдеген жаш адистер бүтүрүп чыгышты, алардын билимдери ааламдашуу жана интеграция кылымында абдан керектүү. Айрыкча, «Болашак» стипендиясынын бүтүрүүчүлөрү өнүккөн өлкөлөрдө чет жактардагы мамлекеттик аппараттардын чыны менен таасирдүүлүгүн арттырган тигил же бул экономикалык мыйзамдардын кандай иштей тургандыктары тууралуу алдыртан кабардар экендиктерин эске албаса болбойт.
Ошол эле убакта серепчилер Мажилиске мөөнөтүнөн мурда шайлоолор Казакстандагы парламентаризм институтунун өнүгүшүнө толук кандуу импульс бере алат, жөнөкөйлөтүп айтканда, мажилисмендердин ыйгарым укуктарын кеңейтет. Депутаттар өкмөттөн келген мыйзам долбоорлорун коррекциялап гана тим болбостон, өздөрү дагы актуалдуу жаңычылдыктарды демилгелөөгө өтүүлөрү абзел. Аларды казакстандыктар тандашат. Парламентарийлер калк менен байма-бай жолугушууларды өткөрүшөт, ошондуктан, пикирлердин социалдык кесими деп аталмакчы, тагыраак айтканда, жөнөкөй казакстандыктар үчүн эмне маанилүү экендиктерин билишет.
Жалпысынан, республиканын жарандарында кайсы партияларга өз келечектерин ишенип тапшырууга мүмкүн экендигин чечүү үчүн жетишээрлик убакыт бар. Анткени, шайлоолор айтылган сындарга жана чагымдарга карабастан, чындыгында өзгөрүүлөрдү алып келет.
Алина Майчиева

Фото - Ош шаарында 5-кабаттан эки адам кулап түшкөн


2016-жылдын 10-март күнү саат 03:15де 112-Бирдиктүү мамлекеттик нөөмөт-диспетчердик кызматына Ош шаарынын  Ош кичи районун Карасуйский көчөсүнүн  32-үйдүн 5-кабатынан 1-кабатына “Исламбек” азык-түлүк дүкөнүнүн чатырына 2 адам кулап кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

 Окуя болгон жерге КР ӨКМнин Куткаруу кызматынын куткаруучулары барышып “Исламбек” азык-түлүк дүкөнүнүн чатырына 1977-жылы туулган Ира Куземонова жана Женя Гафуров аттуу жабырлануучуларды куткаруучу шаймандардын  жардамында, жерге алып түшүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти.

кулады1

кулады2

кулады3

кулады4

 

Искандарбек Маматазимовдун кызматтык милдеттерин аткаруусу токтотулду

        2016-жылдын 27-мартында Ош шаарында өтө турган шаардык кеңешине “Кыргызстан” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү божомолдоо департаментинин мониторинг бөлүмүнүн башчысы Маматазимов Искандарбек Токтобаевич катышууга талапкерлигин коюп жаткандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14.07 №98 “Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесинин 4-пунктунун негизинде кызматтык милдеттерин аткаруусу чектетилген. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматыбилдирди.

 

Эльнура Кулуева, “Кыргыз тилектештиги” коомдук бирикменин негиздөөчүсүнүн бири: “Элечек кут, жаратмандык алып келе турган символ...”

– Элнура айым, кечээ жакында “ Ак элечекчен айым-2016” долбоорун улуттук деңгээде өткөрдүңүздөр. Бул долбоордун максатына токтолуп өтсөңүз?

ак элечек– Жалпыга маалым, 2016-жыл Президенттин жарлыгы менен “Тарых жана Маданият” жылы болуп белгиленди. Ушундай чоң даталар белгиленүүчү жылы, элдин маданиятка, тарыхка болгон кызыгуусун арттырып, улуттук, салттык кыргыздын баалуулуктарын даңазалап, элдин руханий жан дүйнөсүн ойготуу, тарбиялык санатты жайылтууну колго алууну чечтик. Кыргыз элинин өзөгүн маданият, тарых аркылуу бекемдөө, ыйман асылдуулугун арттыруу. Эне- Асылзат ыйыктыгы менен коомду терс таасирлерден сактоо болуп саналат. Кыргыз айымдарынын үлгү болчу жолун көрсөтүү жана аларды даңктоо башкы максат. “Ак элечекчен айымдар майрамы – 2016” иш чарасынын бирден бир максаты, 5-6-март кыргыздардын улуттук баш кийим күндөрү деп майрамдоо демилгесин көтөрүп чыгуу болду. Эл ичиндеги энелерибиздин мамлекет алдында, улут алдында, үй бүлө алдындагы өрнөктүү кызматын алдыга алып максатында өткөрүлдү.

ак элечек 2– Эмне үчүн элечекти тандап алдыныздар?

– Бүгүн улуттук касиетибизде элечектин орду чоң. Элечек кут, жаратмандык алып келе турган символ. Элечек аруулукту, тазалыкты, ыйыктыкты тартуулайт. Мына ушундан улам бул долбоорго негизги предмет Элечек тандалып алынды…

– “Супара” этно борборунда өткөн бул иш чарага канча айым катышты?

апалар– Жалпы дубандан 180 айым катышты. 7 дубандан келген 11 айымга алтын диплом ыйгарылды. Бул жерде дагы бас белгилеп кетчү жагдай “ Ата бейитти” ачкан 86 жаштагы Б.Кыдыралиеваны , 81 жаштагы театрда иштеген Ж.Быйтыкееваны, кыргыздын спорт сыймыгы Канат Бегалиевдин апасы Б.Маниярованы, журналист Кален Сыдыкованы өзгөчө белгиледик.

– “Кыргыз тилектештиги” коомдук бирикмеси жөнүндө маалымат берип кетсеңиз?

эль2– Курамына 20га жакын коомдук уюм жана фонд кирген, “Кыргыз тилектештиги” биримдиги, 2015-жылдын 14-октябрында уюшулган. “Кыргыз тилектештигинин” багыты элибиздин биримдиги, мекенибиздин бүтүндүгү, ниетибиздин тилектештиги, ак дил, асыл ой, адал жашоо аркылуу сөздүн иштин бир нукка түшүүсүнө жетишүү. Бир сөз менен алганда өнүгүүнүн тилектештик жолун табууга бел байлоо. “Кыргыз тилектештигинин” биринчи кадамын коомдогу баалууктарга болгон сый мамиле көрсөтүү менен Кыргызстанда алгачкы жолу, алтындан жасалган диплом менен өзгөчө инсандарды белгиледи. Бул кадам, улуттук аң сезимге, улуттук демге азык болчу саамалыктарга тилектештик билдирүү менен биз дүйнөлөшүү агымында элдин руханий жүзүн, дөөлөт кадырын сактап кала алабыз. Ойдун, иштин кыймылы бул – тилектештик. “Кыргыз тилектештигинин” каармандары бир тилектин, бир уңгунун карапайым адамдары. Иш-аракеттерибиздин баары жаркын мамилекетибизге багышталат. Эскерте кетүүчү негизги нерсе, бул долбоорду ишке ашырууда Жамалбек Ырсалиев, Сайрагүл Дуулатова жана Дана Абдыбекованын эмгегин айтпай кетүүгө болбойт. Аталган долбоорго экөөнүн салымы чоң.

– Жакын арада дагы кандай долбоордун үстүндө иштегени турасыздар?

– 21-мартта Нооруз майрамына карата “Сүмөлөк” фестивалын уюштуруунун алдында турабыз. Фестивалда кыргыздын улуттук  оюн- зооктору коюлат. Аталган долбоор дагы “Супара” этно борборунда болуп өтөт.

-Акыркы жылдары кыргыздын улуттук тамактарын, каада-салттары унутта калып бара жаткандай. Андыктан сүмөлөктүн келип чыккан таржымалынан окурмандардын эсине салып кетсеңиз?

сумолок– Сүмөлөк кыргыздардын эң байыркы салттуу тамактарына кирет. Бул тамакты ата-бабаларыбыз Нооруз майрамында, эски жыл менен жаңы жыл тогошкон күнү жаңы жылдык тамак-аш катары жасашкан. Кыргыз элинде Ноорузга байланышкан мындай аңыз кеп бар. Илгери бир каатчылык жылы жаш айелмет үй-бүлө колу жукарып аябай кыйналат. Курсагы ачкан балдар тамак сурашып, энесинин зээнин кейитишет. Эне байкуш отко казан асып, ага суу куюп, ага кошуп беш-алты таш салып кайната баштайт. «Чыдагыла… бир аз чыдасаңар тамак бышып калат», деп ачка балдарын жооткотуп, казанын аралаштырганды койбойт. Балдар да кайнап аткан казанга каниет кылышып, от илебине көшүлүп уйкуга кетишет. Таңга жуук эненин өзү да уйкуга алдырат.

Айылма-айыл кыдырып, жер кезип, ак урган дубана ошол үйгө кирсе, бардыгы уйкуда. Чогу тартылган кемегеде казан асылып, бор-бор кайнап турат. Казанды ачса суу ак көбүктөнүп, ичиндеги таштар апакай болуп жылтырап калганын көрөт.

«Оомийин! Таш болсоң да аш бол! Ылайым балдардын ырыскысы түгөнбөсүн,
ушул түн кыдыр жолдогон жаңынын, таза ыймандын түнү болсун!», деп Кыдыр ата алаканын жайып бата берет.

Эне чоочуп ойгонсо күн кызара атып калган экен, казандын капкагын ачып көргөн көзүнө ишенбейт. Баягы таштардан дайын жок, казан толо бышкан аш болуп чыгат. Дасторкон жайып, балдардын алдына тамакты коёт.

«Аябай таттуу экен. Апа бу кандай тамак?», деп сурайт экен балдарынын бири. Эне азга ойлонуп «бу сүмөлөк» деп жооп берет экен.

-Маегиңизге рахмат.

 

Булак: kyrgyztoday.kg

Шекербек Камчыбек уулу, Улуттук Оппозициялык Кыймылдын мүчөсү : “ Талаптар аткарылбаса эл арасында нааразычылыктар дагы күчөшүн эскертебиз ”

Мамлекет тарабынан элге каршы мыйзамдар кабыл алынды

Акыркы эки жыл аралыгында Өлкөбүздүн экономикасында көӊүл жылытарлык жылыштар болбой  тескерисинче  бийлик  башчылары  финансылык каатчылыка шылтап, мамлекетибиз күн санап жакырланып бара жатканын моюндарына албагандыгы тынчсыздандырууда. Буга далил катары мамлекет тарабынан элге каршы кабыл алынган айрым бир мыйзамдар жана токтомдор тууралуу баса белгилеп айткым келет. Бүгүнкү күндө эмгек жана социалдык коргоо министринин жергиликтүү бөлүмдөрү жаш балдарга  берилүүчү жөлөкпулду ар кандай  шылтоолор менен кыскартып, наристелердин  ырыскысын  тартып  алууда.  Мисал  үчүн  ата-энеси пенсия алгандар,  үйүндө авто унаасы барлар, эшигинде  эки  уй  жана  төрт  койу бар үй-бүлөлөрдүн  кирешесин  көрсөтүп, силер  жетиштүү  жашайт  экенсиӊер  деп, мамлекет  берүүчү  жөлөк  пулду  чегербей  жатат.  Өмүр бою иштеп,  3 миӊ сом пенсия алган  пенсионердин  акчасы  өз кара жананын  бакканга жетеби  же  жумушсуз уулу менен келини  жана  үйүндө  жашап  жаткан  үч  төрт  небересине  жетеби? 2014-жылдын 27-ноябрда күчүнө кирген №670-токтому менен социалдык фондко болгон жер  үлүшүнүн  төлөмү  бир  жылга 468 сомго  чыгып, бул акчаны дагы элдер төлөй албай жатат.  Социалдык  фондко  болгон төлөм  пенсияга  чыгууга стаж болот деп, элдин башын айландырууда. Анысы аз келгенсип, ооруканада  даарыланып  жаткан  аттуулдарды дагы социалдык фонддун карызын  төлө, андан  кийин  дарылайбыз  деп, оорукчан адамдарды убайымга  салып, кыйнап жатканын  кантип  түшүнүүгө болот.

Өлкө жетекчилерине  болгон  нааразычылыкты  күчөтөт

Аксы району борбордон  алыс  жайгашып, коӊшулаш  Өзбек  Республикасынын үч району менен  жектешип, чек арасы  кооптуу  райондордун  бири болот. Азыркы  күнгө  чейин чек арабыз  толук  такталып  бүткөн жок. Чек аранын  чырлуу абалынын  кесепетинен  биздин аттуулдардын  жүздөгөн үй-жылкылары  коӊшулаш  Өзбекстанга  уурдалып  кетип, миллондогон  чыгымдарга  учурап  жатат. Ушул жылдын 1-февраль айынан баштап, Өкмөт токуган  токтомго ылайык кыймылсыз мүлктөрдү жана автоунаа  каражаттарын  милдеттүү  камсыздандыруу  жараяны  башталды. Өкмөттүн бул кадамы  карапайым  калк  арасында  тескери кабылданып жатат.  Себеби,  калктын 90% пайызы  жумушсуз болгон, Кыргыз Мамлекети үчүн мындай төлөмдөрдү карапайым  элден чогултуп  алуу  кыжырды  гана  келтирбестен,  өлкө жетекчилерине  болгон  нааразычылыкты  күчөтөт. Анткени кайсы бир жарандын үй мүлкү жабыркап, автоунаасы  кырсыкка  кабылса, бүгүнкү  күнгө  чейин  эч  кандай  ызы — чуусу  жок эле аттуулдар  өздөрү  калыбына  келтирип  алып  жатпайбы? 2010-жылдагы кандуу  окуяга  чейин Курманбек Бакиев  бийлиги   электр  энергияга  болгон бааны 1, 50 тыйынга  көтөргөндө , азыркы  бийлик  башында   тургандар  ызы-чуу  салып,  элдин  сөзүн  сүйлөп чыгышкан. Тилекке  каршы  өздөрү  бийликке  келип, электр  энегриясынын  баасын 2, 54 тыйынга  чейин  жогорулатып, элдин  чыдамын  кетирди.

Аксы элинин февраль айында бийликке  койгон  талаптары курулай сөз боюнча калды

Өлкө башчыбыз Алмазбек  Шаршеновичке кайрылгым келет.  Сиз : “2010-жылы  Ала-Тоо аянтында : «Светке болгон  бааны  жогорулатуу  бул  күнөө  биз, бааны  көтөрбөйбүз» деп  айткан  элеӊиз! Эмне себептен  бүгүнкү  күндө  сиз  күнөө  жасап, элди  кыйнаган  чечимдерди  кабыл алып жатканыӊызды  түшүнбөй турабыз. Кыргыз эли азыркы  бийликтин  элге карата жүргүзгөн саясаты жарандардын кыжырдануусун  күчөтө  баштады. Тагыраак  айтканда  буга  чейин  Өлкөбүздүн ар кайсы  булуӊ – бурчтары  бийликке болгон ишенимди жоготуп,  нааразычылыктар  болууда. Биз мекендештерибиздин  талаптарын толугу менен колдоого даярбыз. Аксы эли 2016-жылдын 10-февралында бийликке  койгон  талаптар  сөз  боюнча  гана калып, иш жүрбөй жатат.  Ошол себептен бийлик өкүлдөрү биздин талаптардын аткарылып  жаткандыгы  тууралуу  токтомдорду  толугу  менен  алып  келип, элге көрсөтүүсүн  суранабыз.  Эгерде  биздин сунушубуз создукталып, аткарылбаса анда эл арасында дагы нааразычылыктар күчөшүнө алып келе тургандыгын эскертебиз.

Булак: “Эл деми”

 

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Тажикстан менен таймашат

Кыргызстандын футбол федерациясынын басма сөз кызматында маалымдалгандай, 19-марттан тарта “Дүйнөлүк чемпионат-2018” тандоо раундунун алкагында жыйынтыктоочу матчка даярдык көрүлөт. Азыртадан курама командага кире турган талапкерлердин кеңейтилген тизмеси даярдалды.

Федерацияда маалымдагандай, тизмеде 34 адам бар, алардын арасынан 23 гана окутууга, машыгууга чогулууга чакырылат.

Голкиперге талапкерлердин арасында Матяш Павел («УиТМ», Малайзия), Амиров Руслан («Алга»), Акималиев Калыс («Абдыш-Ата»), Кашуба Валерий жана Зинченко Максим («Дордой») бар.

Коргоочулардын тизмесинде-Байматов Азамат («Ситра», Бахрейн), Козубаев Тамирлан («Ягодина», Сербия), Кичин Валерий («Тюмень», Орусия), Майер Виктор («Меппен», Германия), Умаров Акрам («Крумкачы», Беларусь), Самсалиев Талант, Шератов Курсан, Шакиров Шерзот и Тэго Дэниел («Дордой»), Алимов Ильяз менен Рустамов Турсунали («Алай»).

Жарым коргоочулар арасында Дуйшобеков Бахтияр («Крумкачы», Беларусь), Мусабеков Фархат («Академия», Молдова), Бернхардт Эдгар («Аль-Оруба», Оман), Исраилов Ахлидин («Динамо-2», Украина), Землянухин Антон («Сисакет», Тайланд), Сыдыков Азиз, Шамшиев Ислам, Жыргалбек уулу Кайрат, Сагынбаев Бекжан и Откеев Авазбек («Дордой»), Сидоренко Павел и Амиров Ильдар («Алга»), Мурзаев Мирлан («Афжет Афьонспор», Түркия) бар.

Чабуулчулар-Люкс Виталий («Унтерхахинг», Германия), Тэтте Дэвид жана Левченко Роман («Дордой»), Боколеев Абай («Миласспор», Түркия), Филатов Иван («Сохар», Оман).

Тажикстанга кете турган футболчулардын акыркы тизмеси машыгуулар бүткөн соң бекитилет.

Токтогулдуктар эми козголушат

Токтогул районунун Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн жашоочулары айыл борборуна чогулуп, Узун-Акмат ал­тын кенин иштетүүгө каршылыгын билдиришти. Бул жөнүндө айылдык кеңештин депутаты Миргазы Өзүбеков маалымдады.

– Узун-Акмат-1 дарыясынын жээгиндеги Корей участогунан казылуучу алтын кен менен бирге урандын запасы жатат. Эгерде кен ишке түшсө, уран калдыктары ачылып, айылдын тургундарынын өмүрү коркунучка кептелет. Узаган аптада компаниянын техникаларын өткөрбөстөн артына кайтарганбыз, – деди Миргазы Өзүбеков.

Баса, өткөн аптада чогулгандар менен Токтогул районунун акими Майорбек Сатымкулов кездешип, алардын талаптарын акырына дейре тыңдаган. Район башчысынын айтымында, каршы тараптар ме­нен бирге мыйзамдуулуктун сакталышын талап кылгандар да бар, ошондуктан, жергиликтүү калк арасында ушул тапта түшүндүрүү иштери күчөтүлдү.

Уюштуруучулардын эсебинде, нааразычылык акциясына 1500дей киши чогулду. Ал эми район бийлиги ЗООден ашуун адам гана топтолгондугун айтууда. Митингдин соңунда чогулгандар 5-март күнү Кыргыз Өкмөтүнүн тиешелүү мүчөлөрү келип эл менен бетме-бет жолугушуусун талап кылып тарашкан.

Баса, Токтогул районунун Кара-Күңгей айылына жакын жайгашкан алтын кенин иштетүүгө “Спектр” компаниясы 2009- жылы уруксат алган. Бул компаниядан “Кассана Минерале” лицензиясын сатып алган. Акыркы маалыматтарга таянсак, кенге уруксат берилген жер 18 гектарды түзөт, анда 69 килограмм гана алтын запа­сы бар.

 

Булак: “Майдан.кж”

Ушак үчүн кыйылган өмүр

Өзгөн районунун Дөң-Булак айлынын тургуну 17 жаштагы кызды мууздап өлтүргөн.

Ал аялы туурасында ушак таркаткан селкиден ушундай жол менен өч алууну чечкендиги айтылууда. Бул туурасында Борбордук Азия маалымат кызматына Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Анын айтымында, окуя 7-март түнү болгон. Кылмышкерлер кыз уктап жаткан маалда терезеден киришкен. Бул иш боюнча 22-24 жаштагы эки адам шектүү катары кармалды. Алардын бири маркумдун тууганы болуп чыкты.

Факт боюнча кылмыш иши козголду. Шектүүлөр убактылуу кармоо жайында. Тергөө жүрүп жатат.

Тажикстандан табылган автоунаа кыргызстандык ээсине кайтарылып берилди

Өткөн жылдын 8-декабрында Токмок шаарынын тургуну Чуй-Токмок адвокатурасынын башчысы, 1984-жылы туулган Рахат Абдрахманованын Land cruzer улгусундегу мамлекеттик белгиси S 6777АЕ автоунаасын сыртынан тааныш адамдар “Биздин автоунаабыз бузулуп калды. Сиз машинаңызды берип туруңуз? Бир жерге барып келе калалы?”- деп сурашып, ошол минип кетишкен бойдон изин суутушкан.

Бул боюнча Токмок шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 166-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. “Автоунаа­сын Баткен тарапка алып келип сатышат экен”- деген кабарды эшиткен Рахат Аб­драхманова түз эле Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Ашым Тагаевге келип кайрылган.

Ашым Тагаев Тажик республикасынын Согдий облустук ички иштер баш­кармалыгынын начальниги, милициянын генерал-майору Шариф Назаров менен телефон аркылуу байланышкан. Ошентип эки өлкөнүн милиция кызматкерлеринин ыкчам аракетинин натыйжасында, Рахат Абдрахманованын автоунаасы эки айдан кийин, тактап айтканда, 2016-жылдын 23-февраль күнү  кечке жуук Кыргызстан аймагына жеткирилип, Баткенде ээсине кайтарылды.

– Мен эми Тажик Республикасына кирип кеткен автоунаамды кайтарып ала албайм го деп такыр түңүлгөнмүн. Бат­кен милиционерлери өз милдеттерин так аткараарына дагы бир ирет ынандым. Мындан тышкары эки өлкөнүн милиция кызматкерлеринин ортосунда дагыле ынтымак күч экениндигине көзүм жетти, – дейт жоголгон машинасы кайра колуна тийген Рахат Абдрахманова.

 

Булак: “Майдан.кж”

Серик Ахмедов мамлекетке келтирилген чыгымды кайтарды

Казакстандын мурдагы премьер-министри Серик Ахмедов тарабынан мамлекетке келтирилген чыгым толугу менен кайтарылды.

Жактоочусу Николай Лесник билдиргендей, коррупция боюнча айтыпталып, мүлкү конфискацияга алынып, 10 жылга эркинен ажыратылган экс-чиновник мамлекетке 2 миллиард 225 миллион тенге төлөп берди. Ага достору жардам берген. Адвокат аппеляциялык арыз каралып жатканда сот муну эске алышы керектигин кошумчалады.

Бүгүн Караганда облустук соту Серик Ахмедовдун арызын карайт. Мурдагы өкмөт башчы жана коргоо министри Ахмедов өткөн жылы 10 жылга эркине ажыратылган. Ал коюлган айыптын басымдуу бөлүгүн четке каккан. Өзүнүн акыркы сөзүндө Серик Ахмедов Нурсултан Назарбаевдин кечирим сураган.

Шашылыш билдирүү: кар көчкү түшүүсү күтүлөт!

2016-жылдын 10-марты саат 08:00гө карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырдаал боюнча ыкчам маалымат

2016-жылдын 9-мартынан 12-мартына чейин абанын жогору температурасынын сакталышына жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137, 198-265 чакырымдары), Ала-Бука-Канышкыя (62-100 чакырымдары) жана Красная-Горка-Ак-Таш (1-10 чакырымдары), Каракол-Эңилчек (45-90 чакырымдары) унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2016-жылдын 9-мартында КРнын ӨКМнин телефонограммасы чыгып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүү жөнөтүлдү.

 Кар көчкүлөрүн атайлап түшурүү иш-чаралары

Жалал-Абад облусу

Токтогул районунда2016-жылдын 9-мартында Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымдарында Кыргыз Республикасынын Генералдык штабынын артиллериялык тобу жана КР ӨКМнин ыкчам тобу28 жолу артиллериялык атуу жүргүзүшүп, жалпы көлөмү 72000м³ болгон кар көчкү түшкөн, унаа жолго жеткен эмес.

КРнын Генералдык штабынын артиллериялык тобу жана КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам тобу Бишкек-Ош унаа жолунун                         238-чакырымындагы КР ӨКМнин гидрометеорологиялык “Итагар” постунда түнөштү.

Кар көчкүлөрүн атайын атып түшүрүү иш-чаралары 2016-жылдын 10-мартында улантылат.

Кожокелеңде боз үйдө окугандарга жаңы мектеп курулат

Бул жөнүндө өлкөнүн билим берүү жана илим министри Элвира Сариева редакциябызга сүйүнчүлөдү.

– Быйыл Кыргызстан аймагында 100 мектепти куруу пландалган. Мунун ичинде боз үйдө жана бирөөлөрдүн турак жайларында билим алып жатышкан Кара-Суу районундагы Кожокелең айылынын Сул­тан Ибраимов атындагы орто мектебинин окуучулары дагы жаңы окуу жылында за­манбап билим уясына ээ болушат, – деди Элвира Сариева.

Белгилей кетчү жагдай: Кара-Суу райо­нундагы Папан айыл өкмөтүнө караштуу Кожокелең айылындагы Султан Ибраи­мов атындагы орто мектептин окуучулары соңку тапта боз үйдө билим алып жатыш­кан. Акыркы саттарда гана алар айылдыктардын бош турак жайларгына көчүрүлдү.

Бул мектеп былтыр авариялык абалга, кептелип, курулушу башталган. Тилекке каршы, каражат жоктугунан токтотулган.

Ошондуктан, кулаганы турган мектепте окуучулардын окуусуна тиешелүү уюмдар тыюуу салышкандан кийин гана балдар окуусун боз үйлөрдө, бирөөлөрдүн жеке турак жайларында улантып келатышат.

 

Алишер Токсонбаев

Булак: “Майдан.кж”

Назарбаев өзү түптөгөн партияны үгүтөөдө

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев эгер парламенттик шайлоодо калк өзү төрагалык кылган “Нур Отан”партиясына добуш берсе, өлкөдөгү реформаларды улантууну убадалады.

Мындай билдирүүнү ал Казакстан Эл Ассамблеясынын республикалык форумунда билдирди.

Казак президентинин пикиринде, партиянын максаты- “Нурлуу жол” багыттамасын ийгиликтүү жүзөгө ашырып, унаа, темир жолдорун салуу электрстанцияларды жана башка инфраструктуралык объектилерди, үйлөрдү, бала бакча, мектеп, ооруканаларды куруу.

Нурсултан Назарбаев эгер шайлоодо добуш берүү үчүн көп эл катышса, өлкөгө инвестиция агылып келерин кошумчалады. Мындай жол менен Казакстан элинин багыты бир экени дүйнө коомчулугуна белгилүү болорун айтты. Мамлекетти алдыга сүрөй турган парламент шайланса, инвестиция арбын келип, жаңы объектилер көп куруларын баса белгиледи.

Шайлоо 20-мартка белгиленген. Оппозиция жана укук коргоо уюмдары парламенттик жана президенттик шайлоолорду мөөнөтүнөн мурда өткөрүүнү адатка айландырган бийликти сынга алууда. Нурсултан Назарбаев 1989-жылдан бери журт башчылыгында.

«Алай» командасынын катарын Өзбекстандын дарбазачысы толуктады

Оштун “Алай” командасы соңку тапта Мальдив аралдарында ойноп жүргөн Өзбекстандын атактуу жана жаш футболчусу менен келишимге кол койду. Бул жөнүндө 28 жаштагы дарбазачы Алишер Ахмедов өзү социалдык тармактагы расмий баракчасында жар салды.

Баса, Өзбекстандын атактуу дарбазачысы Алишер Ахмедов карьерасын Жизактын «Согдиана» спорт клубунда баштаган. Ал 2007-2013-жылдары Өзбекстандын «Насаф», «Нефтчи», «Фергана» жана «Бухара» клубдарын- да ойногон. 2013-жылы Казакстанга  өтүп, «Гефест» командасынын курамында ойногон.

Алишер Ахмедов 2015-жылдан бери Мальдив аралдарынын чемпионатында ойногон «Нью-Радиант» фут­бол клубунун катарын толуктаган.

Булак: “Майдан.кж”

Меню