Menu

Айгүл Рыскулованын ооматы артмай болду

Кай бийлик болбосун тоодой кызматтык бак күткөн Айгүл Рыскулова аттуу апчеңерди билесиңер да. Дал ушул айымга карата туура 2 ай мурун Бишкек мэри болоорун, шефи Кубанычбек Кулматов жаңы жылдан соң кызматтан кетээрин жазган элек. Жаземдебеппиз. Жазган маалыматыбыз эки айдан соң ишке ашып, убактылуу болсо да Айгүл айым мэрлик кызматта отурду. Соңку күбүр-шыбырларга караганда Айгүл Рыскулованын биротоле бул орунга мыктай отураары, Кара Кочкордун эркек мүнөз корулдаган үнү бар кызына оомат бактысы жылмаяры күтүлүүдө. Кичи мекенине жардам берүү жагынан эркек жердештеринен алдыга озгон Айгүл Рыскулованы Кочкор кланынын бийликтеги лөктөрү Дүйшөн Ирсалиев, Мухаммедкалый Абылгазиев, Сапар Исаков баштаган “табакташтары” колдон-буттан алып, көтөрмөлөп жатканы кабарланды.

Канжар Борпошов   

Кыргидрометео: 16-февралдан 20-февралга чейинки аба ырайы

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттиги берген маалыматка ылайык 2016-жылдын 16-февралынан 20-февралына чейинки аба ырайы

Бишкек шаарында 16-февралы күнү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз бир аз кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон  шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 4…6° суук, күндүзгү жогорку температурасы 1…3° жылуу болушу күтүлөт.

Ош шаарында 16-февралы күнү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз бир аз кар жаашы мүмкүн. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 4…6° суук, күндүзгү жогорку температурасы 1…3° жылуу болушу күтүлөт.

16-февралы күнү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.

17-февралы күнү түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.

18-февралы күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон  шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

19-20-февралы күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы бир аз жогорулайт.

Наралы Асанбаев, журналист: "Кандектерге" жооп... “Курманбек Салиевичке терең ыраазымын” деп айткан Атамбаев өзү эле го... же ачуу чындыкты көргүсү келбеген анын “Чырпыктары”

Гезиттин өткөн жума тагыраагы 5-февраль күнү чыккан санында “Резиденцияда жатып өлкөнү башкарган президент” деген аталыш менен президент Алмазбек Атамбаевди баш кылып, бүгүнкү башкаруу системасын сындаган макалам жарык көргөн. Ал макалам Ак үйдүн жетинчи кабатындагылар менен “үч тамганын” шефинин талуу жерине тийген экен, ушул жума “ПолитКлиника” деген гезитке “Бакиевдер “маршы” же реванш алууга жасалган аракеттер…” деп аталган макала менен менин жазган макаламдын артында Бакиевдер турат деген “саламын” жарыялашыптыр. Макаланын автору Акбата Чырпыков деп жазылыптыр. Ушундай журналист жигит бар экенин укпаптырмын. Журналисттик чөйрөдө жүргөн агаларым да мындай атты биринчи жолу угушу экен. Эгер ошол Акбата деген жигит бар болсоң, атыңды атаң жакшы ниет менен “Элдин керегине жараган жигит болсун” деп азан чакырып, аксакалдардын берген ак батасынан кийин Акбата деп койгон болсо керек. Эгер бул жашоодо Акбата деген чын эле болсо… Бирөөнү мактап, ага жагалданам деп жүрүп азан чакырылып койгон Акбата атың эл арасында өчүп, Карабата болуп тескери бата деген атка конуп калгандан этият бол. Мен ал макаланы сага окшоп жылуу кабинетте олтуруп алып, оюмдан чыгарып жаза берген эмесмин. Бир ай бою түштүктү түрө кыдырып, бул жагы Нарынга чейин барып, эл менен жолугуп, карапайым калктын жашоосун өз көзүм менен көрүп, далилдүү фактылар менен жазганмын. Мага караганда президент эл менен аз жолугат эмеспи. Ал жерде ачуу чындык болбосо сенин “шефтериң” сага жооп да жаздырмак эмес. Чындык деген ушундай кытайдын ачуу келемпириндей өтө эле ачуу болот.

Менин макаламды “Апрель окуясынан бери карай эч нерсе өзгөргөн жок” дегендей пикир камтылат” деп сындапсың. Бакиев кызматтан кеткенден бери 6 жыл өттү. Өлкөдө жарытылуу, мактана турган кайсыл өзгөрүү болду? Атамбаевдин заманы жыргал жашоону алып келди деп кайсыл жетишкендикти көрсөтө аласыңар сен мактаган шефиң экөөң? Өлкөнүн келечеги үчүн деп окко учкан азаматтардын тилеги 6 жыл өтсө да аткарылбай жатпайбы. Же алар Атамбаевди Шералы хандай чокоюн унуткан президент болсун деген кыял менен курман болушту беле! Ошол жигиттердин жок дегенде арбагы ыраазы болсун деп апрель окуясынын чыныгы күнөөкөрлөрү кимдер экенин далилдеп, Чубактын кунундай чубалган соттук териштирүүнү аягына чыгарып койгонго Атамбаевдин эрки жетпей жатпайбы. Эгер калп сүйлөсөм анда айт! Анан кайдагы өзгөрүү тууралуу сөздү козгойсуң? Мурун президенттик-авторитардык, үй-бүлөөлүк башкаруу режими орногон болсо, азыр андан ашып түшкөн жарым криминалдык партиялык-кландык башкаруу орноп, анын башында ажо өзү турбайбы. Парламенттик-президенттик башкаруу системасына өттүк деп айтыптырсың. Жогорку Кеңештин төрагасынан барып “Парламенттик башкаруу системасына өтө алдыкпы?” деп бир ооз сурап койсоң жакшы болмок экен. Мен уккандан Асылбек Жээнбеков да бир нече ирет парламенттик башкарууга өтө элекпиз деп айтып келет. Президент өзү да эми “Парламенттик башкарууга өтүшүбүз керек” деп сөз кылууда. Анан сен кайдагы парламенттик башкарууну айтып жатасың? Сен деги кандай башкаруу формасы өкүм сүрүп жаткан өлкөдө жашап жатканыңды терең далилдесеңчи.

Өткөн жылы октябрь айында болуп өткөн шайлоону кеп кылып, “бийликке жакын деп саналган партия маарага биринчи болуп келгени менен калган партиялардан пайыздык жактан анчалык айырма албаганын тана албайбыз” деген экенсиң. КСДП бийликке жакын деп саналган партия эмей эле, өлкөнү башкарып жаткан партия экенин неге так айта алган эмес? Шайлоодо ал партия үчүн президент өзү баш болуп үгүт иштерин жүргүзүп жүрбөдүбү. Ал тургай шайлоодо жеңишке жетишкен партиялардын арасындагы партияларга “Бул тизмеге кирет, муну киргизбейсиң” деген тескеме жогор жактан түшкөнү азыр эл арасында айтылып жүрөт. Бул сөз куру болбосун үчүн Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Улукбек Кочкоровдун маегинен үзүндү берейин:

“ошол маалда кээ бир партиялар талапкерлердин тизмесин бийлик менен макулдашып, керек болсо болочокто депутаттыкка өз талапкерлигин койгондордун тизмелерине президент өзү “добро” берип жатканы боюнча маалыматтарым бар эле” “Жаңы Ордо” гезити № 37 (500) 20-ноябрь 2015-жыл.

Мунун өзү эле парламентке президент каалаган партиялар келди дегенди түшүндүрөт да. Партиялардын тизмесине чейин президент өзү “добро” берип жатса, кайдагы ачык шайлоо тууралуу кеп койгойсуң? Бакиев учурунда “Ак Жол” партиясы парламенттен көпчүлүк добушка ээ болсо, азыр деле бийликтин шинелинен чыккан партия Жогорку Кеңеште олтурушат. “Кыргызстан” партиясын эл арасында бийликтин “бакма баласы” деп атап алышканын угуп эле жүрөбүз. Ал тургай бул партия үч депутатын Конституцияны уруп ойнобой мандатынан ажыратты эле, сот алардын пайдасына өкүм чыгарып берди. Ошондой эле жагдай менен “Республика-Ата Журт” партиясы депутатын мандатынан ажыратты эле, Ак үйдүн көзүн караган сот башкача чечим чыгарып бербедиби. Ушул мисалдын өзү эле КСДП менен “Кыргызстан” киндиктеш, ажонун эгиздин түгөйүндөй партиялары экенинен кабар берет да. Бакиевдин түбүнө сен айтып жаткан “Ак Жол” партиясы, аны тегеректеп жүргөндөр жеткен. Бүгүн да Атамбаевдин түбүнө КСДП жана анын шинелинен чыккандар жеткени турат. “Ак Жолдун” арыгын чаап жүргөндөр бүгүн КСДПда депутат болуп жүрүшөт. 7-апрель күнү аянтта балдар өлүп жатканда Ак үйдүн ичинде Бакиев менен чогуу олтургандар азыр деле Атамбаевдин жанында ар кандай кызматтарда чогуу олтурушат. Керек болсо Атамбаев аларды кызматтан-кызматка көтөрүп, мурункудан дагы эрке-талтаң кылып койду. Кыргызстандагы 6 жылдан берки кадрдык өзгөрүү ушул гана.

“Өткөн бийликтин учурунда журналисттер бычакталып, журналист Геннадий Павлюк өмүрү менен кош айтышкан” деп азыр сөз эркиндиги абактан чыккандай болду дептирсиң. Журналист чөйрөсү кайсыл бийлик болбосун сөз эркиндиги үчүн күрөшүп келет. Мактоосун да угат, ошол эле учурда муштумун да жейт. Атамбаевдин тушунда сөз эркиндиги азаттыкка чыкпастан, кайра ар кандай кысымдарга туш болуп жатканын Чырпыков сен, сенин ушул макалаңды жарыялаган “ПолитКлиника” гезити эле көрбөй жаткан болсо, калгандарыбыз көрүп-билип эле жүрөбүз. “Вечерний Бишкек”, “Жаңы Агым” гезиттери кандай жол менен тартып алынды? Андагы журналисттерге эмне деген сөздөр айтылды? Муну сөз эркиндиги деп баалайсыңарбы? Дайырбек Орунбековду президент өзү сотко берип 2 млн сом доолаганынчы? “Керек болсо тепкилеп урмакмын” таризде журналисттер менен жолукканда сөз айткан президенттин сөзү да сөз эркиндигинин азаттыкка чыкканыбы? Уран Ботобековдун үстүнөн президенттин азыркы кеңешчиси Илмиянов сотко кайрылып, биздин “адилеттүү” соттор 1 млн 800 миң сомду Илмияновдун пайдасына чечип берип, Ботобеков ал акчаны төлөй албай, аргасыздан өлкөдөн сыртка чыгып кеткени да балким силер үчүн сөз эркиндигидир? Мен Бакиевге да, Атамбаевге да жагалданган эмесмин, мындан кийин да жагалданбайм. Атамбаев кайра эле мурунку абалды алып келип жатканын айтып сындагам. Ошол сын көз карашыма сенин жообуң чыкканына сүйүнүп, бийликтин сөөгүн сыздаткан экен деп олтурам. Билген кишиге ал макала – президентти, тегерегиңизди жакшылап караңыз, элдин жашоосу кыйын, өлкөдө абал күндөн-күнгө оорлоп баратат, бул жакшы жакка алып барбайт, кеч боло электе ойлонуңуз деген коңгуроо. Президент Илмиянов, Ниязов жана башкалардын жомогун угуп Бакиев салдырып койгон жылуу үйдө олтура бербей, элдин азыркы жашоосун өзү көзү менен көрүп, Чайчи айылында жабыр тарткандардан кабар алып келсин деген ойдомун. Ушундай да жатып ичер президент болобу?- деп эл бекер сөз кылбай жатат.

Интернеттеги “Атамбаев Түркиянын чалгындоо кызматынын агенти” деген тасмага сен эмес, президент өзү жооп бериш керек. Ал жоопту бүтүндөй кыргыз эли күтүүдө. Эгемен өлкөнүн президенти болгондон кийин бул жерде ким кожоюн экенин көрсөтүү зарыл. Ал тасмада айтылган Атамбаевдин Түркиядагы бизнестери тууралуу да сен жооп берүүгө далалаттаныптырсың. Же сен президенттин кайсыл жерде бизнеси бар экенин тизмектеп жүрөсүңбү? Алмазбек Шаршеновичте саясий эрк болсо, өзүбүздүн, чет элдин маалымат каражаттарын Ак үйгө, ал жакка келе албаса резиденцияга чакырып билдирүү жасашы керек болчу. Дүйнө эли эмес, кыргыздар өзүбүз президентибиз чын эле агентпи деген ойдо турабыз. Президенттин маалымат бөлүмү да андай билдирүүнү жасаганга дарамети жетпегенсип олтурат. Баса, мени Бакиевчил деп күнөөлөгөндөй болупсуң, Атамбаевдин маалымат бөлүмүнүн башчысы Алмаз мурун Бакиевдин маалымат бөлүмүндө чуркап иштеп, ак кызмат кылган жигит. Азыр бакиевчилер кимдин жанында жүргөнүн жакшылап билип ал.

Президентибиз Алмазбек Атамбаевдин Түркиядагы бизнестери боюнча Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, азыр саясий качкын болуп Түркияда жүргөн Садыр Жапаров “Кыргызстан бүгүн” сайтына маек куруп, жакшынакай болуп иштеп атканын айтат. Сен “Эгерде дүйнөнүн кайсы бир чалгындоосу Түркияда мага катталган мүлктөрдү таба алса, анда өзүнө алып алса болот” деген президенттин жообун жазыптырсың. Биз дагы кимде-ким президенттин Түркиядагы бизнестеринин сүрөтүн, далилдеген фактылары менен алып келсе чоң байге берерибизди жарыялаганбыз. Эгер далилденип калса, ошол далилди биринчилерден болуп сага жөнөтөм. Президентке кирип ошол адамга мүлктөрүн каттатып бересиң.

Түркия менен Россиянын ортосундагы талашка биздин президент качан конкреттүү пикирин билдирди? Президенттин саясатына көз салып жүрсөң аны жакшы билмексиң. Башка өлкөлөрдүн президенттери өз пикирин билдирип жатса, биздин ажобуз эмес, тышкы саясат боюнча бөлүмдүн башчысы Сапар Исаков билдирүү жасабады беле. Өз учурунда өлкө башчысы катары билдирүү жасай албаган президентибизде саясий эрк жок экенин ошол учурда анык көрбөдүкпү. Россияга барып келгенден кийин “Түркия Россиядан кечирим сураш керек” дегенге жарабадыбы. Андан кийин түрктөр биздин президентти эмне деп жазганын журналист болсоң ММКдан окуган чыгаарсың. Окубасаң азыр да бир көз чаптырып кой, менин жообумду окугандан кийин жазасың.

Электр энергиясын “Электр энергиясынын баасы кымбаттап кетти, Бакиевдин убагында мындан арзан эле” дегендей ойду кыйытат” деп жазыпсың. Мен сен айткандай кыйытпай эле арзан болчу деп так эле айткам. Нарынга барып элдин арманын, электр энергиясына канча төлөп жатканын угуп келсең абал кандай экенин жакшы билмексиң. “Жарыкка болгон баа көтөрүлбөш керек, көтөрүү күнөө” деп мен айтпагам. Сен мактап жаткан Алмазбек Атамбаев өзү оппозицияда жүргөндө электр энергиясы арзан болушун эсептеп “Учур” деген гезитке кенен интервью берген. 7-апрель окуясынын эртеси, элдин көзүнчө далай нерсени жобураган. Ошол сөзүн дагы бир жолу аргумент катары келтирейин, балким сен президентке ушинтип айткан экенсиз деп гезитти көтөрүп кирип, эсине салаарсың.

“Эч качан бааларды көтөрбөш керек. Бул деген күнөө. Сен базардан 8 рублге бир нерсе сатып алып, аны 70 рублга кайра сатсаң аздык кылабы? Туура, ТЭЦтин электр энергиясы кымбат. Аны биз Казакстан менен Россияга сатабыз. Элге жалаң гана арзан электр энергиясын беребиз.”

Бул азыркы президенттин электр энергиясынын баасы боюнча айткан сөзү. Кана ошол сөздүн ишке ашканы? Бакиев да тарифти көтөрүп жатып, тарифти көтөрүү менен биз өзүбүздүн эртеңки келечегибизди, жарыкты камсыз кылабыз деген. Азыр Атамбаев да ошол сөздү айтып жатат. Бакиев менен Атамбаевдин айырмасы кана? Кочкордо мындан бир аз убакыт мурун эле 1000 сомго жетпеген электр энергиясынын карызын төлөй албай калган адам, жүрөгү кармап бул жарыктык менен коштошту. Бул дагы электр энергиясынын кымбатташына байланыштуу. Кана Атамбаевдин арзан электр энергиясы? 70 тыйындан 2 сом 16 тыйынга кымбаттады го…

Макалаңдын аягында биздин баш редактор Бекен Назаралиевди Бакиевдин жакын адамы катары көрсөтүп, Бакиевдер менен майлуу-сүттүү күндөрдү чогуу өткөрүп калган деп жазып, анын Минскиге барып интервью алып келгенин сындаптырсың. Бекен Назаралиев эгер азыркы президент Атамбаев да өлкөдөн качып кетсе, ага да барып интервью алып келерине шегим жок. Үч ирет гезиттерин жаптырган Аскар Акаевден да кенен маек алып келип, бир сөзүн өзгөртпөй гезитке жарыялады. Убагында Акаевдин белекке берген үйлөрүн, алтын калемин алган журналисттер көп болгон. Акаевдин башына иш түшкөндө бирөө колдоп койгонго жарабады. Кокус, Атамбаев да Түркия же эс алып келген Индияга кача турган болсо, ага да сен барбайсың, Назаралиев барат. Буга бөркүңдөй эле ишене бер. Бул анын чыныгы профессионал журналист экенин билдирет. Ал сага окшоп борборго жатып, “Чырпыктын” арасына жашынып алып ар нерсени жаза бербестен, согуш оту күйүп жаткан Чеченстанга, Тажикстанга барып, журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүп келген өлкөдөгү бирден-бир журналист. Баткенге террорчулар кирип келгенде дагы журналисттерден Зардалыга боевиктер менен жолукканы жалгыз гана биздин редактор барган. Бакиевге “Балаңыз Максимди токтотуңуз. Болбосо Акаевдей болуп өлкөдөн качып кетесиз” деп ачуу чындыкты гезит бетинен айта алган журналист да биздин редактор. Анын жазган макаласын чаң жугузбай мактап жаткан Атамбаевиң окуп алып, азыркы Кадр кызматынын башчысы болуп дайындалган Сооронбой Жээнбековго телефон чалып “Бекендин макаласын окудуңбу? Бакиевге оппозицияда жүргөн биз айта албаган сөздөрдү айтыптыр” дегенин Жээнбеков да жокко чыгарбайт. “Данакер” ордени менен сыйланып жатып “Көрсө, Бакиев алтын киши экен. Мен Өкмөт башында иштери турганда бардык убакта президент бардык маселелер боюнча мага жардам гана берди, колдоо гана көрсөттү. Мен бул үчүн Курманбек Салиевичке терең ыраазымын” деп айткан Атамбаев болбоду беле. Ачуу чындыкты айткандарды элге жек көрсөтүүгө аракет кылган “Полит–Клиника” гезити, бийликке жагынам деп жүрүп “БалитКлиникага” айланып калбагыла…

Наралы Асанбаев

“Жаңы Ордо” гезити

Атамбаевдин заманында жалаң соттолгондор аким, министр болушабы?

Буга чейинки Кочкор район акиминин мурда соттолгондугу билинип, натыйжада өкмөт башчынын буйругу менен кызматтан алынаар замат Сариевдин мындай кадамы шык бергенби, өлкөнүн булуң-бурчундагы жергиликтүү активисттер район башчыларынын артын казууга батыл киришишти. Өткөн аптада Ысык-Көл акиминин мурда соттолгондугун жергиликтүү тургундар өкмөт башчыга кулак кагыш кылып коюшубузду өтүнүшсө, бул сапар Тоң районунун акими Эсенгул уулу Уландын да мурда соттолгондугун жердештери билдиришүүдө. 30 жаштын кырынан эми өткөн Улакеңер да кыйын экен, мурда соттолгондугун фемида өкүлдөрү тарабынан убагында актатып, куйругун тазалатып, ишти “жым-жым” кылып алганга үлгүрүптүр. Ага болбой эле жердештери жаш жетекчиге асылып, буттан тартып түшүрүүгө аракет кылышууда. Булардын кармашын тыңдасаң “керкисинде да, кемигинде да бар” окшойт. Неси болсо да премьер-министр Темир Сариев Тоң акиминин буга чейинки баскан изин челдирип, коомчулукка ак-карасын териштирип бербесе болбой калды окшойт. Сыртта жазгы талаа иштери башталганы турса, булардын ич ара ыркырашканы ишке эле кедергисин тийгизет да, туурабы?

Булак: “Азия ньюс”

90 жаштагы укук коргоочу Жанабил Абдрахмановдун президент Алмаз Атамбаевге кайрылуусу

Атамбаевге ачык сын жана сунуш

Айланайын Алмаз мырза! Бул катыма маани берип, көңүлүңдү келтирип окуп, элдин ыйык атасы болчу!

Ар бир элдин ыраатуу жашоосу – Падышанын башкаруусунан, элдин тартиптүүлүгүнөн, элдин ынтымактуулугунан улам болот эмеспи.

Биздин Кыргызыстаныбызда мындай болбой жатканын тана албайбыз!

Өтө көп окуялардын ичинен бир эле мисал менен көйгөйүмдү айтам.

Сиз мамлекеттүүлүктү бекемдейм деп көп эле аракет жумшап жатасыз. Иш жүзүндө мамлекеттүүлүктү алсыратып, мамлекеттик укук коргоо кызматтарына олтуруп алып, карапайым элдин укугун кордоп, тепселеп жаткан Нарын облусундагы чиейленишип алып мамлекеттин бюджетине зыян келтирип жаткан уюшкан атка минерлер жөнүндө айткым келди.

Сизге бул туралуу  2015-жылдын 29-сентябрнда расмий кабар бергем анда Нарын районундагы Актан Тыныбеков атындагы орто мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Осумбекова өзүнө мыйзамсыз пенсия дайындатып алуу жолу менен мамлекетин чөнтөгүнө ири суммадагы акчаны уурдап алган фактынын бетин ачып, кайрадан мамлекетке которууга кылган аракетиме Нарын райондук прокурору Г. Молдосадыкова, Нарын райондук соту Э.Мамбеталиев Нарын облустук сотун төр агасы Эсенбаев, анын орун басары М Байышов, облустук прокурор Салиев, анын орун басары Мийзамбековдор Осумбекованын кылмыштуу жороругу дап-даана далилденип турса дагы, аны жоопко тартуудан баш тартышып, булар дагы мамлекетке залал келтирип жатышат.

Кагылайын Алмаз ханыбыз! Суранам, суранам:

  1. 2015 жылдын 29-сентябрндагы сизге жазган катымды өзүн окучу!
  2. Бул маселени өзүмдү катыштырып сиздин аппаратагы А.К.Өскөмбаев мырза тактап, карап чыксынчы?
  3. Тактоонун жыйынтыгында менде күнөө болсо мени аёосуз жоопко тарткылачы.
  4. Фактынын негизинде кылмышкерлерди коргогон Молдосадыкованы, Мамбеталиевди, Эсенбаевди, Мыйзамбековду, Байышовду, Салиевди жоопко тартып, “мамлекеттүүлүктү бекемдейм” деген сөзүңүздү кор кылбасаныз деп суранам!
  5. Бул катыма расмий жооп берип койсонуз.

Сизди урматтап, ызаттап , Нарын облусунун, Ак-Талаа районунун  ардактуу атуулу 25ке жакын ар кандай сыйлыктардын ээси, 90 жаштагы укук коргоочу  Жанабил Абдрахманов.

 Нарын шаары, С.Орозбак көчөсү, № 19-6                                                                    10.02.2016.

КР Жогорку Соту: Министр Кудайберген Базарбаев калп айтып жатат

Маалымат булактарынын биринде Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри К. Базарбаев Россияга эки аялды 500 АКШ долларына сатып жиберген Токмоктогу психоневрологиялык үй-интернаттын директорун сот актады деген маалыматы чындыкка дал келбейт. Бул тууралу КР Жогорку Сотунун басма сөз кызматы билдирет.

Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун берген маалыматына ылайык бул жазык иши алардын өндүрүшүндө.

Токмок шаардык сотунун 2014-жылдын 22-июлундагы өкүмү менен соттолуучулар Ж.К, К.Е, К.А. күнөөлүү деп табылып, ар бирине 100 000 жана 150 000 сом айып пул жазасы белгиленип, мамлекеттин пайдасына өндүрүү боюнча өкүм чыккан. Бул өкүм Чүй облустук соту тарабынан 29.09.2014-ж. өзгөртүүсүз калтырылган. Жогорку Сот 2015-жылдын 27-январында жогорудагы эки чечимди жокко чыгарып, жазык ишин Аламүдүн райондук сотуна кайра жаңы кароого жиберген.

Аламүдүн райондук соту жазык ишти кароону 2016-жылдын 13-январына дайындаган. Бирок, соттолуучулардын жактоочусунун өтүнүчү боюнча сот отуруму 2016-жылдын 12-февралына жылдырылган.

Учурда аталган кылмыш иши боюнча соттук териштирүүлөр аягына чыгып, актоо же айыптоо өкүмү жок болгондуктан, министр К. Базарбаевдин берген маалыматы эрте жана чындыкка дал келбейт.

Мындан ары коомчулукка такталган гана маалыматты билдириңиздер.

Бүгүн Атамбаев мамлекеттик маалымат саясатынын концепсиясын иштеп чыгууну тапшырып жаткандар кезинде бакиевдик системанын гүлдөп өнүгүп-өсүшү үчүн анын маалымат айдыңындагы желдеттеринен болгон

Жаратылышта нечендеген түстөр бар сыяктуу, адамдардын ой сезимдеринде да түрдүү пикирлер болот. Массалык маалымат каражаттарынын негизги милдети ошол ой-пикирлерди элге жеткирүү. Ошон үчүн гезиттердин бири кимдир бирөөнүн айыбын ачса, дагы бири мактайт. Бу жарыкта телегейи тегиз адам жок.

А бизде (көпчүлүк учурда) кандайдыр бир сын көз караштагы макала жарыяланып калса, кээ бир чиновниктерибиз атасынын кеги бардан бетер колдорунан келген “жакшылыктарын” мөндүрдөй жаадырышат. Бийигирээк жерде отургандары бийлигинин күчүнө салып, соттордун “сок билеги” менен жүдөтө баштайт, өжөр фактыга таянып, “эки жерде эки төрт” экенин айтып жатсаң да. ММК туурасында мындай бир жакшы сөз бар: “Басма сөзгө таарынган саясатчы, деңиздеги толкунга таарынган капитанга барабар” деген. Андай “таарынчактар”, болгондо да бийликтин бийик мунарасында отурган, өздөрүнүн ар-намысын коргоого келгенде өгүздөй күчтөрү барлар өтө эле көп. “Эл башкаргандар ийгиликке эмне менен жетүүгө болот?” деп улуу Али-Абу-Ибн-Синадан шакирти сураптыр. Анда, орто кылымдагы перс окумуштуусу минтип жооп берген экен: “Адилетүүлүк жана чындык менен” деп.

Жакында КР президенти А.Атамбаев ушул жылдын 1-июнуна чейин “мамлекеттик маалымат саясатынын концепциясын” даярдоо милдетин өзүнүн администрациясына буюрду. Ошентип, “өлкөдөгү маалыматтык коопсуздук” деген ойго басым жасоо менен бул долбоор старт алды. Мүчөлөрү 16 кишиден турат экен. Жетекчиси президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Усенов. Болочоктогу “концепциянын” эки орун басарларынын бири — өкмөттүн маалымат саясат бөлүмүн тейлеген Назира Ахмедова, экинчиси — маданият, туризм жана маалымат министрлигинин орун басары Айнура Темирбекова, арасында транспорт жана коммуникация министринин орун басары, Улуттук банктын расмий өкүлү да жүрөт. Президенттик аппарат башчысынын акыл кошчусу Султан Жумагулов, КТРКнын генералдык директору Илим Карыпбеков, “Мир” ТВсынын филиалынын директору, “Кабар” маалымат агентствосунун директору, коргоо кеңешинин сератариатынын инспектору, кыскасы, концепцияны түзүүчүлөрдүн дээрлиги мамлекеттик структуралардын өкүлдөрүнөн түптөлүптүр. Ырас, “концепция” деп латын тилинен алынган бул сөз жакшы ниеттеги эле түшүнүктү билдирет, “түшүнүү”, “идея” деген сыяктуу. Бирок, көпчүлүк түшүнө албай жаткан нерсе — маалымат жөнүндө сөз болуп жаткандан кийин эмне үчүн көз карандысыз эркин басылмалардын бир да өкүлү жок ал жерде? Же айрым эксперттер айтып жаткандай бул “концепциянын” максаты чындап эле эркин басма сөздү кысымга алуу, муунтуу деген аракетпи? Негедир алардын “арканды алыска ыргыткан” табышмактуу максаты К.Бакиев доорундагы түзүлгөн ЦАРИИнин секретариатынан айырмасы жоктой туюлуп кетет. Аты эле башкача болбосо… Баса, анда да жыл жаңыраары менен (январдын аягы, февралдын башы, президенттик шайлоо өтөөрүнө бир жылга жетпеген убакыт калган мезгил, 2009-жыл). Максим Бакиевдин идеологдорунун сунуштары менен андагы президент өзүнө жаңы секретариат түзүп, башына О.Малеванаяны алып келген. Адегенде жупуну эле көрүнгөнү менен ириде президенттин алдындагы пресс-катчылык жоюлуп, “саканы” каалагандай өлчөш үчүн секретариаттын укуругу да узун, укугу да көп экендиги көп өтпөй билинген. Тактап айтканда, аталган секретариат бийлик бутактарынын дээрлик баардыгынан маалымат алганга укуктары каралган. Өтө жашыруун делген маалыматтарды да алган укукка ээ болчу. Кыскасы, баардык мамлекеттик башкаруу системасынан каалагандай маалыматтар менен камсыз болуп турган. Демек, ошондой эбегейсиз үлкөн маалыматка ээ болуу кимдир бирөөгө абдан зарыл болгон белем? Аны менен эле тим болбой президенттин алдындагы стратегиялык жана баалоо институтун контролдоо жана көзөмөлдөөнүн “эки тизгин, бир чылбырын” да өз колдоруна алган секретариат. Анан алар январдын аягында андагы мамлекет башчысына чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрү менен жолугушуу уюштуруп, кимисинин акылы менен экенин билбейм, К.Бакиев ошол жолугушууга келгендерге: “Улут катары биз кимбиз?” деген суроону койгон. Кудая тобо, кудум таланттуу режиссер Э.Рязановдун каарманы башка шаарга, так өзүндөй типтеги үйгө, өзүнүкүндөй батирге барып калган “Ирония судьбы или с легким паром” деген тасмасындай эле, бүгүнкү болуп жаткан ушул окуялардын ошол көркөм тасмадагы эпизоддордой болуп, далма-дал келүүсүн карасаң. Биринчиден, биз кеп кылып жаткан “мамлекеттик маалымат саясатынын концепциясы” да ошол К.Бакиевдин секретариатындай президенттик шайлоого бир жылдын тегерегиндеги убакыт калганда жарык дүйнөгө келмек болду. Экинчиден, Алмазбек Атамбаев түпкүлүгүндө Курманбек Бакиевге окшобосо дагы, “улут катары биз кимбиз?” дегендей, ал дагы январдын аягында “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “улуттук маданиятты сактоо боюнча” чыгармачыл чөйрөнүн мыкты өкүлдөрүн чакырып, кеңеш курду (албетте, ал кеңеште айып жок, болгону өткөн чак менен учур чактын бир маалга дал келип жатканын айтканым). Үчүнчүдөн, бүгүнкү “жаңы концепцияны жаратабыз” деп жаткандардын айрымдары, кезинде бакиевдик системанын гүлдөп өнүгүп-өсүшү үчүн анын маалымат айдыңындагы желдеттеринен болгон. Мисалы, Илим Карыпбеков, Султан Жумагулов “сыяктуулар” андагы секретариаттын түзүүчүлөрү да, активдүү мүчөлөрүнөн да болуп саналган. Алардын “идеясы” менен азыркы бийликтегилер ал учурда ошол система менен күрөшүп жүргөн кезде жана аларга чын ниети менен жан тарткан басылмаларга аёсуз чабуул жасалып турган. Мындайлар кайсы бийлик болсо да, “эптеп учкашып алайын” деген принципте жашайбы же өздөрүн ушунчалык акылдуу сезеби, билбейм, жакында эле “Азаттык” радиосунан Илим дегени сүйлөп жатат: “ММКлар маалыматты так билбегендиктен чар жайыт болуп жатат” деп акыл айтып. Концепция демекчи, өзгөчө акыркы беш жыл аралыгында мамилебиз солгундай түшкөн АКШда, алардын “басма сөз жөнүндөгү концепсиясында” жазылып турат: “ММК эч кимге көз каранды болбош керек, өкмөткө да, конгресске да, ал тургай президентке дагы” деп.

“Капитал” деген олчойгон ойлорго бай китепти кимдер гана билбейт. Ошол эмгекти жазган Карл Маркс: “Элди көрүнгөн нерсе менен чүнчүтпөй, ириде аларга дух берүү керек” деп айтканындай, дүйнөлүк экинчи согуштан кийин А.Гитлер деген “келесоонун” айынан килейген мамлекет талкаланып, экономикасы кошо кыйрап, СССР, АКШ, Англия, Франциянын жарым коллониясында калып, такыр эле немец эли чүнчүп калганда, 1949-жылы экиге бөлүнүп калган Германиянын биринин (ФРГ) бийлик башына Конрау Аденауэр деген акылман келип, 87 жашка чейин Федералдык Германиянын канцлери болуп турган. Анын эң негизги саясаты — немец улутуна (улутташы К.Маркс айткандай) элин ар убак улуттук духкка үндөп келген. Натыйжада, ошондой кыйроодон улам басмырланып, тепселген өлкө чачырап жок болуп кетпей, 1989-жылы (арадан 40 жылдан ашык убакыт өтсө да) кайра бир бүтүн мамлекетке айланышкан. Андан көп өтпөй СССР тарап, кийин постсоветтик аймактан 10 миллионго жакын немец эли мекенине кайтып кетишкен. Бүгүнкү экономикалык кризисте да Германия кабагым-кашым дебей өнүгүп-өсүп баратат. Баардык жагынан (а биз, “жеңген эл” алардын эски машинелерин айдап жүрөбүз). Акчалуу чоңдорубуз бир жери ооруп калса, түз эле ушул өлкөнүн ооруканаларын көздөй сызышат. Айтмакчы, Германия мындай бийиктикке К.Аденауэр сыяктуу улутун чексиз сүйгөн акылдуу башчынын өз элинин духун ар дайым көтөрүү менен жетти. Аны немец эли аты-жөнүнөн эмес, “Кожоюн” деп атап алганын дүйнө жетекчилери жакшы билет.

Ушулардын баарын ойлоп отуруп, эстейт экенсиң, бакиевдер бозгун болуп кеткенден кийин бийликке келгендер: “Биз “анык демократпыз”, “ал гана эмес Конституцияга киргизип, сын пикир айткандарга даңгыр жол ачабыз” деген убадалары бүгүн “покко” да жарабай калды окшойт. Бирок, кандай болгон күндө да, учурда бизге, бейиштин төрүндөй болгон Кыргызстанга, анын өнүгүп-өсүшү үчүн (ириде титулдук улуттун басма сөзүнө токолдун баласындай мамиле кылууну токтотуп), улуттун духун көтөргөн прагматикалык саясат аба менен суудай керек болуп жатат. Азыр, ушу тапта кыргыз эли Россиянын багына жаралган В.Путиндин жүргүзүп жаткан саясатындай чыныгы улуттук лидерлик кадамдарга чаңкап тургандай. Жакында эле ошол орус президенти (3-февралда) Ново-Огареводогу резиденциясында болгон жолугушууда “улутун сүйүүнүн өзү улуттук идеянын өзөгү!” деп ташка тамга баскандай эле ачык айтты го. Бүгүнкү геосаясатта Россия менен мамилеси солгундай түшкөн Түркиянын башчысы Режеп Тайып Эрдоган да “өз улутум” дегенде ичкен ашын жерге койгон улуттук лидерлерден. Антип айтууга мисалдар толтура. Керек болсо, мындай саясат дүйнөнүн баардык жетекчилери тарабынан жүргүзүлүп жатат. Эсиңердеби, өткөн жылы Франциянын президенти Франсуа Олланд башында туруп, жүз миңдеген адамдар катышкан митинг. Ал митингдин башкы максаты — демократиялык баалуулуктарды коргоо делгени менен, негизги өзөгү ошол жүрүшкө катышкан ар бир француз эли, президенти баш болуп жүрөктөрүнүн түпкүрүндө: “Менин Франциям, жашасын Франция!” деген улуу чакырыктарга ширелип турган. А биздин “концепциячылар” улут үчүн күйгөн ушундай маалымат саясатын турмушка ашыра алабы? Улуттук идеяны алдыга кое алышабы? Эң негизгиси, ажонун “компастары” “чач ал” десе баш алгандай ардемелерди айта да, кыла да берип, акыры А.Атамбаевди “аңга түртүп” албаса болду…

Кенжебек Арыкбаев, журналист

Булак: “Азия ньюс”

Жалал-Абад шаарында электрондук китепкана ачылды

Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинде жаңы электрондук компьютердик китепкана  окуу залы ачылды. Бул туурасында өкүлдүн басма сөз катчысы билдирди. Бүгүн, 11-февралда анын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Электрондук китепкананын кызыл тасмасын салтанатына өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Экономика жана ишкердик университетинин ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор, аймактык башкаруу академиясынын академиги Кантөрө Токтоматов, ОшМУнун профессору, тарых илимдеринин кандидаты Жумалы Адилбаев жана окуу жайынын мугалимдери менен студенттери катышты.

Жаңыдан ачылган электрондук китепканага 40 компьютер коюлуп, алардын баары ылдам интернет түйүнүнө туташтырылган.

– Заманбап электрондук китепкананын ачылышы Экономика жана ишкердик университети  үчүн ири жетишкендик. Мунун баары  студенттер үчүн жасалып жатат. Азыркы учурда бул окуу жайынан ийгиликтүү аякташкан жүздөгөн бүтүрүүчүлөр республикабыздын аймагындап гана эмес жакынкы СНГ менен алыскы чет өлкөлөрдө ийгиликтүү эмгектенип жатышат,- деди өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов.

Окуу жайында эң мыкты окуган 20 студентке окуу жайынын ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор, аймактык башкаруу академиясынын академиги Кантөрө Токтоматовдун буйругу менен окууга болгон контрактык төлөмүн 25 пайызга  арзандаткан Сертификаттар тапшырылды. Мындай саамалык өз кезегинде студенттерди алга сүрөп, мындан да мыкты билим алууга чакырат.

-Учурда биздин окуу жайыбызда  3815 студенттер 14 адистик боюнча терең билим алып жатышат. Бизде 17 мамлекеттен келишкен студенттер билим алышууда. Студенттерге татыктуу билим берүүдө 145 мугалимдер эмгектенип жатышат. Бүгүн биздин окуу жайыбызда 40 компьютер коюлган жаңы электрондук китепкана ачылды. Алдыда дагы 2 ушундай эле сандагы компьютерлер коюлган электрондук китепкана ачылат,- деди Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетинин 1-чи проректору,  экономика илимдеринин доктору, профессор Абдулбает Мамасадыков

Аталаган окуу жайынын китепканасынын жалпы фондусу 90 миң даана китепти түзөт.

Электрондук китепкана2 ЖА

Жолдошбай Осмонов, журналист

Айбек Турганбаев, Ош облусунун прокурору, генерал-майор: “Мен бура сүйлөгөн, тамашага жакын адаммын”

Биз сөз кылуучу генерал-майор көп жылдардан бери укук коргоо органдарында иштеп келе жатат. Кезегинде аскер прокурору, МЖАК (мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматы), Бишкек шаарынын прокурору сындуу күч органдарындагы “көзүрлүк” кызматтарды аркалаган жайы бар. Ток этери, укук коргоо жаатын ичтен билген, бул тармактын “коен жатагына” чейин өздөштүргөн профессионал адис. Тамашалай сүйлөсө, жанына киши чыдай албайт. Чоң куудул. Элдик оозеки чыгармачылыкты жандай көргөн, көркөм сөздү баалай билет. Мындай талантка эгедер инсанды кантип кепке тартпайсың?..

–Айбек мырза, силер эле эмес, учурда коомчулук “Ислам мамлекетине” каршы топ менен күрөшүп жатпайбы? Бул топ алакандай өлкөбүздүн баардык региондоруна канат-бутагын жайса, анын ичинде Ош облусунда да тамырлап кеткендигин жокко чыгарууга болбойт. Алгач, бул жааттагы конкреттүү аткарып жаткан ишиңизге токтолсоңуз?

–“Ислам Мамлекети”, өзүң айтмакчы, балакет топ эл аралык террористтик уюм болуп жатпайбы? Бул уюм биздин гана мамлекетке баш ооруну жаратып жаткан жери жок. Дүйнөгө тынчтык бербей, эл аралык коомчулукту тынчсыздандырууда. Бул топтун ичинен да бөлүкчөлөр бөлүнүп чыккан. Тагыраагы, “Катибат аль Имам аль Бухари”, “Фронтан-Нусра” же “Джабхат-ан-Нусра”, “Жаннат Ошиклары”, “Джамаат ать-Таухид валь-Джихад” деген эл аралык террористтик уюмдар. Мына ушундай террористтик уюмдарды биз жок кылыш үчүн, жалпы Кыргызстан боюнча булардын негизги тутунган идеологиясын, жүргүзгөн ишмердүүлүгүнө жол бербөө максатында жергиликтүү сотко арыз менен кайрылдык. Жогорудагы мен атаган “Ислам мамлекетин” курмакчы болушкандардан бөлүнүп чыгышкан 4 топтун өкүлдөрү Кыргызстандын аймагынан биринчи ирет бизден кармалып жаткандан кийин, алгач өзүбүз жалпы мамлекеттин коопсуздугу үчүн биз сотко бердик. Ошондой эле жогорудагы топтордун өкүлдөрүн мыйзам чегинде, укуктук талаада жоопкерчиликке тартыш үчүн, алардын өздөрүнүн идеологиясын мындан ары жайылтпоо максатын көздөп, фемида өкүлдөрүнө, УКМК менен ИИМге да булар тууралуу кулак кагыш кылып, жалпы комплекстүү иштерди аткаруу максатында биргелешкен аракеттерди көрүп жатабыз. Булардын деле сасык ойлору “Халифатты, теократиялык мамлекетти орнотуу” болуп саналат. Болгондо да куралдуу күчтөр менен конституциялык түзүлүшкө каршы сокку уруп, согуш ачуу. Андыктан, алардын арам максаттарын алдын-алып, биздин облустун аймагындагы эң алгач 16 өкүлүн кармап, аларга кылмыш ишин козгоп, жоопкерчиликке тартканбыз. Булардын алды күчөтүлгөн режимде 12 жылдык жаза мөөнөтүн өтөөгө кириптер болушту. Ушул тапта булар боюнча облустук ИИМ менен УКМК өкүлдөрүндө козголгон кылмыш иштери бар. Өткөндө Кара-Суу районунда бир жараныбызды дал ушул мен атаган экстремисттик топтун өкүлдөрү атып кетишип, кайгылуу окуя катталды. Аталган кылмышка шектүү 14 жаран кармалып (арасында башка мамлекеттердин да жарандары бар), алар тергөө амалдарынын натыйжасында жогоруда мен атаган “Ислам мамлекети” тобунан бөлүнүп чыгышкан топтордун өкүлдөрү экендиги, Кыргызстанга атайын бир арам багыт менен келишип, “таттуу тилектерин” ишке ашыруу максаттары такталды. Биз алардын мындан аркы ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында андайларды кармап, жоопко тартканы турабыз. Жогорудагы аталган террористтик уюмдар факт жүзүндө Исламга жамынып алышып, джихадисттердин жана вахабисттердин идеологиясын жүргүзүп жатышат. Белгилүү да, вахабисттердин негизги идеологиясы бул “халифат куруу” болуп саналат. Бул болсо, интифада жолу, башкача айтканда, күч колдонуу аркылуу ишке ашырылат. Ал конституциялык түзүлүштөгү бийликтерди кулатууга багытталган. Булар Исламдын маңызын бурмалашып, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарына пайдаланышат. Андыктан, бул иштерге саясый боек сүртүп, “адам укугу” деген ураан же шылтоо менен аларды коргогон тап-такыр туура эмес. А буларды өз учурунда кармабасак, дагы далайдын убалына калышпаарына ким кепилдик бермек эле? Кыскасы, биздин жергиликтүү укук коргоо органдарындагы бул жааттагы аткарган иш-аракеттерибиз токтогон жок. Алдын-алуу иштери күчөтүлгөн ыргакта жүргүзүлүүдө.

–Сиз убагында мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматын да башкарып кетпедиңиз беле? Бүгүн жаза аткаруу системасы ичтен “ирип-чирип” бүткөндүгүн соңку ирет күзүндө катталган ири кайгылуу окуя дагы бир ирет бекемдеди. Ушул күндөрү мамлекет жетекчилигинин жаза аткаруу системасына көрүлүп жаткан “камкордугу” канчалык деңгээлде? Тармакты реформалаш үчүн сөзсүз эле адам өлүмүн күтүш керекпи?

–Мамлекеттик жаза аткаруу тутумундагы акыркы кездеги кадрдык өзгөрүүлөр, аталган тармакты каржылоо маселеси, системаны тыңгылыктуу реформалоо багыттары көтөрүлүп жатат. Эгерде ушул изги иштер ишке ашып кетсе, жаза аткаруу тутумунда буга чейин кайталанып келген кайгылуу окуяларга, кайсы бир жат көрүнүштөргө мындан ары бөгөт коюлат да. Жаза аткаруу тармагына алгачкы реформа аталган кызматты юстиция министрлигинин алдынан өзүнчө бөлүп, өз алдынча кызмат кылып түзгөндө башталган. Бул реформага жол ачкан алгачкы кадам болчу. Экинчи кадам, бул тармакта көптөгөн абройлуу эл аралык уюмдар менен иштешүү жагына жол ачылып, ички чарбаны, өндүрүштү өнүктүрүү сыяктуу жазага кириптер болгон жарандарыбызды эмгек менен камсыз кылуу жолго коюлган. Ар кайсы этаптардагы программа, жол-жоболор аталган тармактын алдына коюлуп, ошолор ишке ашып, шарттар түзүлгөндөн кийин гана иш оң жолго коюлат. Эгерде азыр мүмкүнчүлүк болсо, мамлекет жаза аткаруу тутумунда ички чарбалык өндүрүштү жолго койсо, өндүрүлгөн продукция сыртка базарга сатыкка чыгышы зарыл. Ошондо гана жазага кириптер болгондор эмгек менен алаксып, алардын маяна-пулдары сырттагы үй-бүлөсүнүн бюджетине таканчык болуп, үй-бүлө менен жазасын өтөп жаткан жарандын мындан ары толук кандуу тынччылыкта жашашына жагдай түзүлмөк. Ошондой эле бул системадагы тарбиялык маселелерди жогору көтөрүшүбүз зарыл.

–Сиздин кичи мекениңиз касиеттүү Ысык-Көл аймагы эмеспи. Бүгүн Ысык-Көл кланынан чыккан Байтемир Ибраев, айтылуу Кубанычбек Мамакеев, Нарын облусунун күпүлдөгөн прокурору Жаныбек Салиев, Токмок шаарынын экс-прокурору Марсбек Кыдыкбаевге окшогон жердеш кесиптештериңиз менен мамилеңиз барбы?

–Албетте, бир кемеде, бир кайыкта жүргөндөн кийин бири-бирибизди таанып, билебиз да. Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев экөөбүз курсташпыз. Мындан тышкары, жакын достук да мамилебиз бар. Ал эми береги Кубанычбек Мамакеев, Жаныбек Салиев сындуу жердеш-кесиптештерим деле мага жат эмес. Бирок, ортобузда ушул күнгө чейин кызматтык этиканын, ишмердүүлүктүн гана чегинде адамкерчилик мамилебиз бар. Андан бөлөк ашкере деле ынактыгыбыз жок. Ал эми Марсбек Кыдыкбаев жердеш үкам экенин укканым менен жакындан тааныбайт экенмин. Менин угушума караганда, жаш жигит экен. Кийинки жаштарды анчейин деле тааныбай калдык да. Мурда-кийин иштешпеген соң.

–Тар чөйрөдө, саясатчылар арасында сизди чоң куудулдук өнөргө бай сапатыңызды баса белгилеп айтып калышат. Айтыңызчы, мындай өнөр сизге кимден жуккан? Кийин пенсияга чыкканда, элге ушул өнөрүңүздүн чет-бучкагын эле көрсөтсөңүз, жылдызыңыз ой-да бир жанат эле ээ?

–Эми алар мага карата “Айбек куудул” деп өздөрүнчө жөн эле атап алышкан го? Менин андай деле ашкере куудулданып жибермей сапаттарым жок. Кээде гана жакын достор менен кезигише калганда, “бура сүйлөгөн күлгөнгө жакшы” дегендей тамашалашып калабыз. Ара-чолодо “чымчып”, куйкум сөздү сөз арасына кошуп жибергенимден улам айтышса, айтышкандыр. Бул эми көркөм адабиятты көп окуп, элдик оозеки чыгармачылыкка жакындыгымдан улам го. Кудай буюрса, пенсияга чыгышты Жараткан насип этсе, сен айткандай куудулданбай эле абышкалык доорду сүрөбүз го…

Калыгул Бейшекеев

Бүгүнкү жаштардын баалуулуктары жана эртеӊки өлкөнүн келечеги

Кыргызстандагы бүгүнкү жаштардын абалы, жашоого болгон көз карашы  коомубузда улам талкууланып, асыл баалуулуктардын кандай нукка өзгөрүп баратканы, элдин эртеӊки тагдыры кимдердин колуна өтөрү келечекке кайдигер карабаган адамды тереӊ ойго салат. Ошондуктан “Диалог Евразия” коомдук фонду  “Бүгүнкү жаштардын баалуулуктары – эртеңки өлкөнүн абалы” деген темада тегерек стол уюштуруп, коомдун күрөө тамыр маселесин талкуулады. Талкууга мурдагы Билим берүү жана илим министри, педагогика илимдеринин доктору, профессор Ишенгүл Болжурова,  И. Арабаев атындагы КМУнун проректору, психология илимдеринин кандидаты Тууганбай Коңурбаев, мурдагы Жаштар, эмгек жана миграция министри, К. Карасаев атындагы БГУнун Социология кафедрасынын доцентинин м.а , социология илимдеринин кандидаты Алиясбек Алымкулов,  КР Жогорку Кеңешинин депутаты Лунара Мамытова, КР Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бакыт Эгембердиев, Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери Гүлайым Жумабаева, Дамира Жумабаева, Х. Карасаев атындагы БГУнун Социология кафедрасынын башчысы, Кыргызстан социологиялык ассоциациясынын (SAK) вице-президенти социология илимдеринин кандидаты Бакыт Малтабаров, “Ыйык Ата-Журт” коомдук жаштар фондунун төрагасы Актилек Зарипбеков, теле алпаруучу Нурзат Токтосуновалар катышты. Талкууну «Кут билим» гезитинин башкы редактору, “Диалог Евразия” коомдук фондунун Улуттук кеӊешинин мүчөсү Кубат Чекиров алып барды.  

К. Чекиров: Саламатсыздарбы урматтуу катышуучулар, жаштарыбыздын бир бөлүгү батышташып, экинчи бөлүгү арапташып, үчүнчү бөлүгү советтик түшүнүк боюнча калса, кээ бирлери өзүнүн казанында кайнап эчтекени көрбөй калган деп айтып жүрөбүз. Жалпы теорияда кайсы өлкөнүн жаштары болбосун, эки асыл багыттын булагында сугарылып чоңоюш керек. Бир жагынан жалпы адамзаттын даңктап, экинчи жагынан улуттук асыл нарктарды сактап, мына ушул нарктар менен чоңойгон жаштарга келечекте ишенсе болот. Бүгүн заман өзгөрдү. Заманга жараша жаштардын баалуулуктары да өзгөрүп жатат. Эгерде жаштардын баалуулуктары өзгөрүп жатса, демек ошого ылайык мамиле жасап, ошондой тарбия чараларын көрүш керек. Бирок бул маселеде жалпы педагогика, жалпы коомдук мамиле замандын талабынан артта калып, кечигип бараткандай сезилет.

И. Болжурова: Бул темада биздин аксап жатканыбыздын себеби, биринчиден, улуттук идеологиянын жоктугу болуп жатат. Жаштарды демократия жараянында “Эмне кылсаңар ошо кылгыла” деп жөн койдук. Экинчиден, бул – социалдык дифференциация. Өтө байлардын, орто жашагандардын жана өтө начар абалда жашагандардын тобу пайда болду. Кыргызстанда бүгүн статистика боюнча 36 % начарчылыкта жашайт. Алардын көпчүлүгү көп балалуулар. Ал эми өтө байлар бир-эки эле балалуу болушат. Үчүнчүдөн, жаштар тигиндей-мындай деп жатабыз, бирок инструменталдык социалдык изилдөөлөрдү аз жүргүзүп жатабыз. Жаштар өзүлөрү жооп берсин! 2000-жылы БГУда “Жаштардын баалуулуктары деген” темада чоң изилдөө жүргүзүлгөн. Ошондо 1970-жылдагы советтик жаштар менен 2000-жылкы жаштардын баалуулуктары каралган. Жалпы 500 киши колго алынып, алардын ичинде базарда, айылда иштеп жүргөндөр да, шаарда окуп жүргөндөр да бар. 1970-жылы Советтер Союзунун бардык жагынан 1400 бала алынып, ошолордун ичинен 80% ата мекенди сүйүү деп чыккан. 2000-жылы болсо ата мекенди сүйүү деген көрсөткүч 28% га түшкөн. Ал эми 2012-жылы Билим берүү жана илим министрлиги ошондой сурамжылоо жүргүзгөндө 8,3 % гана мамлекетти сүйөм деп айткан. 2010-жылы Россияда жаштардын баалуулуктары боюнча эң чоң социологиялык иликтөө жүргүзүлгөн. Мында эӊ чоӊ баалулук бул – материалдык баалуулуктар. Социологияда да бар, материалдык баалуулуктар, инструменталдык баалуулук деп аталат. Ал эми биз айтып жаткан адамды, мамлкетти сүйүү бул терминалдык баалуулук деп аталат. Жогорку, рухий баалуулук. Ушул азыр өтө таӊ калыштуу азайып баратат да. Төртүнчүдөн, баалуулук бул ден-соолук жана үй-бүлө деп айтышат жаштар. Бешинчиден, бул коопсуздук, экстримизмге, диабедаттык жүрүшкө, эреже бузууга, рекетчиликке каршы күрөшүү. Азыр социологдордун айтуусунда ушундай. 3000 жылдык тарыхыбыз болгон менен, биз өтө жаш мамлекетпиз. Себеби, 35 жашка чейинкилер калктын 63% түзөт.

А. Алымкулов: Тактоо иретинде, 2009-жылы кабыл алынып калган ушул чечимде орто жаш 28 жашка чейинки курактагыларды алсак, Кыргызстанда 32 %га чейин жаштар түзөт. Эгерде 35ке чейин камтый турган болсок, анда 50%дан ашат. Бирок 3/2 айыл жергесинде жашайт. Анткени Кыргызстандын 67% элет жеринде жашайт. Ошол жакта көп балалуулар көп. Шаар жеринде эч ким көп балалуу болгусу келбей калган. Ошол жактагы көп төрөлгөн көп балалууларды айта турган болсок, 67 % элет жерин камтыйт.

К. Чекиров: Алиясбек мырза жанагы сөздү улантсаӊыз. Мекенди сүйүү биздин балдарда төмөн болуп баратат. Бул көрсөткүч, транцформация каяктан келип жатат. Жаштар менен сүйлөшүп олтуруп жанагы биздин идеологиянын жоктугу алып келдиби? Же замандын өзү ушуга алып келдиби?

А. Алымкулов: Мурда “50 жылда эл жаңы, 100 жылда жер жаңы” деп айтылчу экен.  Бул азыр актуалдуу болбой калды. Базар экономикасына сүңгүп кирүү менен замандын өзгөрүшү өтө тез өнүктү. Азыр жаштар улуулардын тажрыйбасын алып калууга кайдыгер карап калышты. Тарыхка кайрыла турган болсок, Искак Раззаковдун өзгөчөлүгү ушунда болгон. Искак Раззаковду айтардан мурда бир аз тарыхка сүнгүп кирсек, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматовдор болгону 30 жаштын тегерегинде болгон. Ошол мамлекеттин, элдин тагдырын чечүүчү мезгилде иштеген инсандар өтө жаш болгон. Тажрыйбасы аз болгондугуна карабастан, алардын мамлекеттин келечегин көрөгөчтүк менен көрө билгендиги мамлекеттин багытын талдай билгендиги, элди каякка багыттаганда гана ошондо мамлекеттин келечеги болоорун билгендиги таӊ калтырат. Ал эми, И. Раззаковдун өзгөчөлүгү ошол улуу муундардан алган таасири менен тарбиянын багыты бул мамлекетти кантип сактап калуу болгон. Элдин багытын, салттуу баалуулуктарга кайрадан кайтып келиштин кандай жолдору бар деген суроого жооп издеген. Ал мындай жооп берген экен. Эң биринчи кадамы кыргыздардын санын көбөйтүү болгон. Ал кишинин зор эмгеги ушунда жатат. Анткени мектеп окуучуларына акча тапкан, бөлгөн, бекер тамак ойлоп тапкан. Аны менен эле чектелип калбастан кыргыздын жаштарын илимдүү билимдүү болсун деп ошол убактагы Советтер Союзунун учурундагы эң күчтүү ЖОЖна биздин балдарды аябай көп жөнөткөн. Демек бул кандай адамдар болгон? Булар көрөгөч, кеменгер болгон, анткени мамлекеттин келечеги үчүн 20-30-жылдан кийинки абалды эске алган. Республиканы баш аягы 16 жыл башкарган, кылган кызматы ат көтөргүс. Көп жакшы жактарды айтса болот.

Азыркы мезгилде биз өтө оор мезгилге кириптер болдук. Жаштардын иши өтө татаал. Азыркы жаштар эмнени каалайт? Тилекке каршы биз эмнени жоготуп алдык? Идеологиябыз жок. Эмнеге биз батышты ээрчийбиз?! Эмнеге чыгышты туурайбыз?! Биздеги эӊ чоң көйгөйлүү маселе ушул. Экинчиси бул – дин. Дин, ишеним керек. Бирок ал өзү орду менен, “Күчкө сал!” деп, эч жерде жазылган эмес. Бул – Жаратканга болгон сүйүүң менен байланыштуу маселе. Дин азыркы учурда радикалдашып кетти. Биз туура эмес багытка буруп алдык. Себептери эмнеде? Биринчиден, идеологиянын жоктугу. Бош калган вакуумду башка секталар ээлеп алды. Жаштар эмне үчүн аларга берилип кетип жатат? Алар пластилиндей жумшак болот. Кайсыл жакка бурасаң кете берет. Биринчи коркунуч – жумушсуздук. Мисал келтирип кетейин. Биз агрардык мамлекетбиз деп келебиз. Сиздер билесиздерби? Агроном, зоотехник ошондой эле ушул багытта иштеген адамдардын жашы 50гө чыгып калды. Болгону кыргыз мамлекетинин жаштарынын 4% гана агрардык окуу жайларга тапшырып жатат. Бул эмне деген шумдук. Эгерде агрардык мамлкет болсо, жаштар кимден тажрыйба алат да, кимден үйрөнөт. Бул өзүнчө чоӊ көйгөйлүү маселе. Андан тышкары идеологиядан кийин биздикилер адистикти туура эмес тандашат. Биз ошол кесипти тандап алып мамлекетитин багытын бериш керекпиз. Мамлекет жакынкы 10-20 жылда кайсы багытта өнүгөт? Алар кайсылар? Энергетика, тоо кен, айыл чарба, жеңил өнөр жай, кызмат көрсөтүү, жалпы 5 багытта өнүгөт. Германия согуштан кийин кантип көтөрүлдү? Маршалл планы менен көтөрүлдү. Ар бир немец калкы бир кесипке анан жогорку билимге ээ болуш керек! Ден Сяопинди алып көрөлү. Ал: “Урматтуу менин мекендештерим Маркс менен Энгельс Германияда төрөлүп жашап өткөн, алар немецтер. Ленин, Сталин булар орустар, биз орус эмеспиз. Биз кытайбыз, Кытай мамлекетинин келечегин түзүш үчүн бир гана жолу бар: тарыхына таянуу жана кесипке ээ болуу. Мен муну ар бир кытай жаранынан талап кылам” деп айткан.

И. Болжурова: “Билим берүү системасы туура эмес жолго коюлган” деп канча жылдан бери айтып келе жатабыз. Ал эми экономика боюнча өлкөнүн өнүгүшү үчүн орто катмар болуш керек. Аларды даярдай турган колледждер керек. Бизде профессионалдык училищалар, техникумдар 30-40 миңге жакын. Статистика боюнча ар бир миң кишиге 50-70 киши тейлөөчү кызматкер болуш керек. Бизде 400 000 кесиптик-техникалык училищаларда, 50 000 техникумдарда, ал эми ЖОЖдордо көп болсо 30-40 миң студент окуш керек. Ушундай система болгондо коом дагы өнүгөт, стабилдүү система болот.

К. Чекиров: Ишенгүл Садыковна бул билим берүү жагуу аябай чиеленген маселе, буга кирип алсак чыга албай калабыз.

А. Алымкулов: 70-80-жылдары бир үй-бүлөдө 10 бала болсо, ошонун тыңырагын карап 1-2сүн гана окутчу экен. Ал тандалып окутулган бала бир кесипке ээ болуп, техникумду бүтүп анан айылда иштечү экен. Акыркы жылдары кесипке багыт берүү каралбай калды. Ар бир аймактын өзүнүн өзгөчөлүгүн кароо зарыл. Таласта эң негизги айыл чарба маданияты төө бурчак, Баткенде өрүк. Бүгүнкү күндө СНГнын алкагында кесиптик окуу жайдын Кыргызстанда 117 сакталып калды. Азыр биз каалайбызбы, каалабайбызбы эл үч-төрт катмарга бөлүнүп калды. Биз ушуга көз жумгандай болуп жатабыз. Анан өлкөдө радикалдык күчтөр күндөн күнгө күчөп, тамырын жайып бара жатат.

К. Чекиров: Турганбай мырза, жаштар ата-энелеринин сөзүн укпаса, мугалимдердин сөзү сөз болбосо, мамлекеттик идеологиянын эффектиси жокко эсе. Ошонун айынан биздин жаштар жанагындай жолго азгырылып жатат да. Жаштардын психологиясы ушундай борпоӊ болуп калганбы?

Т. Коңурбаев: Эми бул баалуулук жөнүндөгү маселе – өтө жооптуу маселе. Бир адам үчүн баалуу болгон нерсе, экинчи адам үчүн баалуу болбошу мүмкүн. Ошон үчүн баалуулуктун дүйнөдөгү өзгөрүшүнө карап чыгыш керек деп ойлойм. Биринчи 1917-жылы союз түзүлгөндө баалуулуктар алмашкан. Анан 1945-жылдары согуштун жыйынтыгынан баалуулуктар жоголду. Ата-Мекенди сүйүү сезимдеринин чыгышы 70-80-жылкынын бары ушундан келип чыкты. Үчүнчү 1990-жылы СССР тарагандан кийин баалуулуктар дагы өзгөрдү. Баалуулуктардын өзгөрүшүндө, глобалдашуу, жаштарды тарбиялоо маселесинде биз бир нерседен кур калдык. Бир мамлекетте өзгөрүүлөр болуп жатканда мамлекет өзүнүн тарыхына, маданиятына кайрылыш керек эле. Ушул маселеден 25 жыл артта калдык деп ойлойм. Ошол 90-жылкы балдар азыр 25ге чыгып, өзү үй-бүлөлүү болуп калышты, алар баалуулук эмне экенин билбей калгандар. 95-жылдары менин диссертациям да ушул болчу. Белгилүү этнопсихолог Маргаритта Мит деген окумуштуу 1979-жылы минтип айткан болчу: “Эгерде мамлекетте социологиялык тез өзгөрүү болсо, анда ал өлкө өзүнүн каада-салтына, тарыхына таяныш керек. Андай болбогондо улуттун жок болуп кетүү коркунучу бар” деген теориясы бар. Ушунун айланасында көп изилдөөлөр жүрдү. Мисалы Японияда, башка жакта баалуулуктарды изилдешти. Ушул шартта алып караганда, башында сөз кылган баалуулук деген эмне? Баалуулук адамдын өзү жана мамлекети үчүн баалуу нерсе болуш керек. 90-жылдан кийин СНГнын территориясындагы жаштарга тарбиялоонун өзөгү берилбей калды. Бизди тарбиялаганда коммунистик духта, коммунист бол деп тарбиялачу да. Бул маселе азыр таптакыр жок болду. Балдар айланып барып криминалга аралашты, динге кетип калды. Ошентип тарбиялоо процессинде биз балдардын бактысын жоготуп алдык. Тарбиялоо процесси жүргөн жок. Ар бири өзүнүн ишенимине жараша эле тарбиялап келди. Анан албетте кантиш керек эле деген маселе жатат да. Башында Кубат өзүң жакшы айтып кеттиң, улуттун эки нерсесин карманып калыш керек. Окумуштуулар иштеп чыккан улуттук универсалдуулук деген түшүнүк бар. Ар бир улут өзүнүн улуттук өзгөчөлүгүн, тарыхын, ким экенин каяктан экенин билиш керек. А бирок балдарга жалаӊ эле улуттук эле нерселерди бере берсек анда националисттер жетилип чыгат. 25 жыл кыргыз тилин бил, кыргыз бол дей берип, азыр мектептерде орус тилдүү математикадан бере турган адисибиз жок. Ошол эле учурда кыргыз тилин кыйратып үйрөнгөн жокпуз. Ал эми жалаӊ эле универсалдуу баалуулуктарды эле ойлой берсек, анда жаштарыбыз космополит болуп калбайбы. Ошон үчүн “Жаштар эмне кылабыз?” деген суроолор жүрбөйбү. Баалуулуктарды сакташ үчүн универсалдык, улуттук баалуулуктарды бир деӊгээлде бала-бакчадан баштап бериш керек. Азыр ЖОЖго, мектепке күнөө коюп келебиз. Биринчи кезекте адамды тарбиялашыбыз керек. Маркум Сабыр Иптаров айтып жүрчү убагында “Кыргыз бол” деген ураан жок экен да. Эч бир улут орус бол же башка улут бол деп тарбиялабайт экен. Ар бир улут “Адам бол” деп тарбиялайт экен. Ошон үчүн биз кадр маселесинде адамдык сапатты тарбиялап адистикти кошуп кетсек. Эми баалуулуктар “Адам”, “Адис” деген эки түшүнүктү берет. Акыркы мезгилде Кыргызстанда болуп жаткан окуялар, революция бардыгын анализдеп көрдүм да. Карап көрсөм бизде жакшы мугалимдер, адистер сабак берет экен бирок адам эмес. Жакшы адамдар сабак берет адис эмес, предметин билбейт. Биз азыр ЖОЖдо ушул эки маселеге көӊүл бурушубуз керек. Эгер адамдыкты тарбиялап берип койсок, 4 жылда адамды адис кыла алат. Адистиги боюнча Акаевге эч ким шек келтире албайт. Акаев укмуш адис андай адис Кыргызстанда  жок. Бакиев деле жакшы адис, ал деле Россиядан бүтүп келди. 15 жылда Акаев кыла албаган экономиканы оңдоду. Ал деле өзүбүздүн бала жамандабаш керек. Кыргыздын эки баласы тең адамгерчиликтен аксашты. Үй-бүлөсүн, балдарын тарбиялай алган жок. Ошол жагынан аксашты. Адам тарбиялоодо ушул баалуулуктарды эске алуу керек…

К. Чекиров: Мен таң калган нерсе биздин улуттук менталитетибизде “Биринчи байлык денсоолук дейбиз, бирок эң жоопкерчилиги жок калкпыз. Баягы өлө турган болгондо анан барабыз да ооруканага. Ошол эле учурда “Билим байлык, билим кенч дейбиз. Бойго жетип калган кызына адегенде “Окуп билим ал!” дегенден көрө “Эртерээк теңиӊди таап ал, ошол сенин бакытың!” деп айтышат да. Башкача айтканда, айтканыбыз менен жашаганыбыз такыр башка. Кечээ биздин кесиптеш эле, бүгүн парламентте Жогорку Кеңештин депутаты, сөздү Лунарага узатайын.

Л. Мамытова: Азыр жаштар тууралуу кеп кылганда сиздер үчүнчү жак катары сүйлөп жатпайсыздарбы. Мен эми өзүм жаштардын өкүлү катары айтсам. Бир аз кызыктуу болот экен сиздерди уккан. Өзүмө алып атам ошонун баарын. Эми мунун баары салыштырмалуу түрдө экен. Мыйзам түрүндө эмес, табияттан алып караганда ар ким өзүн жаш эсептейт. Тууганбай агайдын айтканы боюнча ойлонуп олтурам. Адаммынбы же мыкты адисминби депчи. Мунун бардыгы тең үй-бүлөдөн башталат деп ойлойм. Эң биринчи идеология жок деп айтып кеттик. Мен окуп жатканда идеология Манас атанын жети осуяты болчу. Мектепте жети осуятты жаттап биринчи осуяты кандай эле, экинчиси кандай эле тынбай эле тарбиялык сааттарда ар бир осуятты класс жетекчи менен талдайт элек. Муну тунгуч президентибиз А. Акаев идеологияга киргизгенге аракет кылды да. Бирок элге жукпай кетти. Чындыгында идеология ылдый тараптан эмес, пирамида менен алганда жогору жактан болуш керек экен. Ылдый жакта түшүнгөнүбүз менен өйдө жакта эч кандай аракеттер болбосо, жөндөн жөн калып кете берет экен. Дегенибиз менен ооба руханий, анан материалдык баалуулук булар да байлыктар. Учурда социологиялык изилдөөсүз эле барыбызга көрүнүп эле турат. Материалдык баалуулуктар биринчи орунда. Алардын ролу дагы өтө чоң жаштардын Ишенгүл эже айткандай, социалдык дифференциясы, ажырымы бар. Билим алууда артта калып кеткен жаштар бар. Анан оозуп кеткен жаштар да бар. Орто ченде да жүргөн жаштар бар. Азыркы күндө озуп кеткен жаштардын алдыңкы үй-бүлөлөрдүн алдыга койгон максаттары мени аябай таң калтырат дагы кубантырат дагы. Себеби, ичпеген, чекпеген, динге фанатизм менен карабаган, куран окуганды билген, намазын окуган, кайрымдуулук иштерди кылган, аны да көргөзбөй кылган жаштар да бар. Ал эми жаш үй-бүлө же жаш ата-эне мамлекеттик орто мектепке бергенден көрө жеке менчик мектепке бергенге умтулушат. Азыркы жаш ата-энелер жаш үй-бүлөлөр балдарынын билимине инвестиция жасап жатышат. Мамлекет кылып бериш керек, мамлекет идеология коюп бериш керек деп көнүп калганбыз . Эӊ оболу үй-бүлөлүк да идеология болуш керек. Үй-бүлөнүн идеологиясы, мектептин өзүнүн идеологиясы, мамлекеттин өзүнүн идеологиясы болуш керек.

К. Чекиров: Үй-бүлөдөгү, мектептеги тарбия адамдын жашоосунда сөзсүз маанилүү ролду ойнойт. Мына бул жерде Кыргыз билим берүү академиясынан келген адистер отурушат. Педагогторго да сөз берели. Эмнеге Манас атанын осуяттары жаштарга жукпай жатат, ага караганда радикализим идеялары көбүрөөк жугуп жатат?

Г. Жумабаева: Дүйнө жүзүндө бардык мектептерге дин таануу сабагы киргизилген. Бирок бардык өлкөлөрдө дин таануу деп аталбайт экен. Ар бир өлкөдө ар башка аталышта. Бир жерде дин таануу, бир жерде дин негиздери, маданиятын таануу, тарыхын таануу ж. б. Бүткүл дүйнө ошол жакка өтүп, өткөн кылымдын башында эл атеизмге оогон болсо, бул кылымдын башында кайра эл динге оогон мезгил болгон экен. Улуу педагог Коменьскийдин сөзү бар, адамды кантип өнүктүрсө болот: Биринчи, өнүктүрүү багыты болуп бул – акыл тарбиясын беришибиз керек. Экинчи, адептик рухий тарбияга көңүл бурушубуз керек. Анан үчүнчү багыты жүрөк тарбиясы деп аталат. Ошол жүрөк тарбиясы деген маселе бул диний билим болуп саналат жана кудайды, ата-энени, ата мекенди, табигатты, эл-жерди сүйүү ж. б. камтыйт. Бул сүйүү маселеси чоң маселе экен. Биз акылга приоритеттерди берип, бирок жүрөк тарбиясынан өксүдүк. Мына биздин чоң өксүгүбүз ушул жерде. Бул ошол эле кезде баалуулукка да байланыштуу. Баалуулугубуз чындыгында биринчи кылымда кандай болсо, онунчу кылымда да ошондой, жүзүнчү кылымда ошондой болуп келиш керек. Баалулук адам үчүн өзгөрбөш керек. Ошондо адам – адам бойдон калат. Ал эми биздин баалуулугубуз өзгөрө берсе бул чоӊ проблема.

К. Чекиров: Жаш педагог, Нур мектебинин жетекчиси Нурзатка сөз берели, өзүнүн жеке чыгармачылыгынан сырткары да мындай жаштарды окутуп тарбиялап келет.

Н. Токтосунова: Чын эле көп жерлерди кыдырып, элди аралап жүрөбүз. Ар бирибиз мен эмне кылдым деп көбүрөөк ойлонуш керек болуп жатат. Мисалы кичинекей кишилер кичине нерсени жасайт дегендей, кичине болсо дагы мугалимдерге, жогорку окуу жайына жардам болсун деп курс уюштуруп жүрөбүз. Бизде азыр көп маселелер билимсиздиктен келип чыгап жатат. Дин деп аябай какшап жатабыз. Дин абдан жакшы нерсе, бирок ошол динди дагы билим, китеп окуу, таануу аркылуу түшүнбөй жатабыз да. Дин десе эле демек жанагы көлөч, жоолук деп эле ойлоп жатабыз. Аны түшүнүп, анализ кылыш үчүн окушубуз керек. Биз ар дайым акчага, ийгиликке, байлыкка бат жетсек деп ойлойбуз. Чын эле баары чет өлкөгө кеткиси келет, чын эле биз азыр келечекти көрө албай калдык. Анан мындан ары деле ошол иштерибизди кыла беребиз. Эми ар кимибиз колубуздан келген ишти жасап, жашатуу үчүн жашашыбыз керек.

К. Чекиров: Мен кечээ бир жыйырмадан өтүп калган 2-3 жаш кыз менен сүйлөшүп олтуруп дагы бир жолу ичим күйдү да. “Болот Шамшиев, Төлөмүш Океев деген чоң залкарыбыз бар силер билесиӊерби?” десем, таптакыр билишпейт экен. Мына улуттун, азыркы жаштардын тагдыры.

Б. Эгембердиев: Бир нерсени айта кетейин, мына бул жерде өкмөттүн 2016-жылкы планындагы жаштар саясаты деген жерде дал ушул 2016-жылга тарбия маселеси кирет. Жаштардын тарбиясы тууралуу айтуу бир жылдары уят, одоно сөз болгон. Анткени баягы батыштын маданиятынын таасири күчтүү болуп турган кезде, көбүнчө эркиндик деген нерсеге басым жасалып, тарбия деген нерсе эскилик сыяктуу кабыл алынган мезгилге тушукканбыз. Анан азыр түшүнүп, ушул багытта мамлекеттик деңгээлде бир аз болсо да көңүл бурула баштады десек болот. Ошондой эле 2016-2020 жылдарга жаштар саясатын өнүктүрүү стратегиясынын долбоору иштелип чыкты. Азыр Билим берүү жана илим министрлигине берилди. Ошол жерде дагы төрт негизги приоритеттүү багыттын биринчиси бул – жаңы муунду тарбиялоо, калыптандыруу. Азыркы ата-энелер 1992-93-жылкы балдар, социологияда “Социальная яма” деген түшүнүк бар. Союз таркаган учурда үй-бүлөдөгү тарбиянын деңгээли түшүп кеткен дагы, ошол  учурдагы балдар-кыздар бүгүн ата-эне. Ошонун айынан ажырашуу маселелери, үй-бүлөдөн тарбиянын жетишсиздиги келип чыгып жатат. Ошон үчүн ар бир аймакта жаштар борборлору ачылып, иштеп, жаш үй-бүлөнү колдоо жана өнүктүрүү иш-аракеттери жүрүш керек. Алар атайын үй-бүлө темасында курстар уюштурулууга тийиш. Китептер жазылышы керек. Бала бакчада дагы бүгүн тарбия системасы жок. Жаш наристелердин азыркы дүйнө таанымы жөнөкөй эле жанагы кыздары жарым-жылаңач Черепашка Ниндзя, Барби, Диснейдин каармандары болгон раскраска менен калыптанып жатат.

Кыргыздын келечектеги жараны мобундай-мобундай сапаттарга, баалуулуктарга ээ болушу керек деген образды түзүп туруп анан берүү механизми жок болгондуктан, азыркы күндө ар ким ар кандай чаржайыт болуп жатат.

Б. Малтабаров: Азыркы күнгө чейин жаштарды изилдөө деген мамлекет тарабынан буйрутма жок. Жогоруда туура айтылды, азыркы күндө 85-87-жылдардан кийин 90-жылдарда союз урап, идеология тирешип, батыш менен чыгыш болуп анан вестернизациясы үстөмдүк кылган. Ошол жаштар азыр ата-эне болуп жатат. Бизде байланыш жок. Мурунку министр жакшы иштерди жасаса, кийинки министрлик ал жакшы нерселерди кабыл албайт. Биз айылдардагы мектептерди изилдесек, кээ бир мектептерде керек эмес китептер бар. Керектүү китептер аз чыккан. Ошолорду сурамжылабайбыз. Анан эми үй-бүлөдөн башташ керек баалуулуктарды. Эми ушул жаштарды тарбиялоо боюнча баарыбыз биригип туруп ушул жумушчу түзүп, ушул жерден баштап матрицасын түзүп туруп, позитивдүү, кийин оппоненттер жактырбаса дагы иштей турган кылышыбыз керек да. Себеби үй-бүлөдөн башташ керек.

А. Зарипбеков: Биз “Ыйык Ата Журт” коомдук жаштар фонду 15 жылдан бери иштеп келатабыз. Ошол 15 жылдык убакыт тилкесинде жаштарга баалуулуктарды жеткирели деп жан үрөдүк. Идиреги бар, илим-билимге умтулган республика боюнча ар кайсы ЖОЖдо окуган 1500дөн ашуун студентке ай сайын стипендия төлөп берип келатабыз. Ар жума сайын алардын руханий дүйнөсүн байыта турган, илимге шыктанткан, мекенге болгон сүйүүсүн арттыра турган семинарларды уюштуруп турабыз. Элибизге эмгеги сиӊген улуу муундун өкүлдөрүн жолугушууга чакырып, жаштар менен баарлашып турабыз. Маселенин баары барып билимге такалат эмеспи. 10 жылдан бери Республикалык деӊгээлде педагог окумуштуулардын, мугалим-тарбиячылардын башын бириктирип конференцияларды уюштуруп турабыз. Бул жаатта мамлекеттик болсун, бейөкмөт болсун бардык мекемелер менен кызматташып, биргеликте иш-чараларды өткөрүп келебиз. Биз бул маселеге башынан бери бөркүбүздөй ишенип келдик, коомдук жашообузда, өлкөбүздө, мамлекетибизде баалуулуктар болмоюнча, сиздер айткандай, эрозияга дуушар болобуз, кайдыгерлик капасына камалабыз, үмүтсүздүк менен жок болуп кетишибиз мүмкүн. Бул үчүн адамзат бул дүйнөгө жаралган күндөн бери эч өзгөрбөгөн адамдык асыл баалулуктарды көздөн өткөрүп, алардын эӊ оболу жеке өзүбүздүн жан дүйнөбүздө орун алып, албаганына карайлы. Сүйүү, ишеним, адамгерчилик, жоопкерчилик, боорукердик, кечиримдүүлүк, айкөлдүк, сабырдуулук, мээнеткечтик, кайрымдуулук ж.б. асыл баалуулуктар бизди адам, коом, улут катары сактап калат. Бул сапаттар коомдун кандай катмарындагы жаран болбосун баарына бирдей тиешелүү сапаттар. Бизде мындай баалуулуктар өнүкпөгөн болсо, анда жаштарга үлгү боло албайбыз, айтылган сөздүн да эч кандай таасири болбойт. Тууганбай агайдын айтканы мен үчүн да таасирдүү болду, улуттук-универсалдык баалуулуктар, жалпы адамзатка тиешелүү баалуулуктардан да кем калбашыбыз керек. Бул негизги маселелерден.

Д. Жумалиева: Менин да кошуп коёюн дегеним, бүгүнкү тема өзү эле абдан жакшы тема болуп атат. Ушул теманын тегерегинде биз бир идеологияны иштеп чыксак, концепция түзсөк, кыскача да. Анан ошону аткарганга аракет жасасак. Себеби ар бирибиздин өзүбүздүн бутубуз бар. Мына жаштар отурат, жаш депутатыбыз, ошону аткарышыбыз керек, болду, үчүнчү маселе анан каражат деген болсо эч нерсе болбойт. Ошол сунушту киргизейин дегенмин да..

Т. Коӊурбаев: Жыйынтыктоочу бир эле ой. Азыр биз айтып жатпайбызбы идеология жок деп. Идеология болуш үчүн элдин бардыгы мамлекеттик деңгээлде указ даярдап, приказ чыгарып, “за новые традиции” деп чыкты 1999-жылдары. Эл болбой жатпайбы. Биз өйдө жактан издеп жатабыз да идеологияны. Идеология жөнөкөй нерсе болушу керек экен. Мисалы мен мындай идеологияны сунуштайт элем да. Бардыгыбыздын уюлдук телефонубуз бар. Уюлдук телефонго комузду же Манасты салып коюшубуз керек. Болду, кыргыздар үчүн. Соткага ар бир кыргызың же орусун Манасты же комузду уга берсе он жылдан кийин комуз уккусу келип калат.

Н. Токтосунова: Жаштарга эмнени берсең ошону алат. Телевидениеден, радиодон тарбиялык мааниси бар жакшы нерселерди көрсөтүш керек. Себеби чын эле жеңил желпи таанышып алалы, анан антели-мынтели дегендердин бардыгы жаштарды ошого алып барып атат.

К. Чекиров: Жалпы адамзатка тиешелүү жакшы маселелер козголуп, кызыктуу өттү. Жыйынтыктай турган мезгил да келип калды. Ушул жерде кайдыгер болбой, келбей калбай, башынан аягына чейин активдүү катышып бергениңиздер үчүн рахмат!

 “Диалог Евразия” коомдук фонду

Лейлекте малдын башы өстү

Лейлекте малдардын жалпы саны 259 263 башты түздү.

Лейлек районунда ар бир айыл аймактарда атайын комиссиялар түзүлүп райондун аймагындагы бардык ийри мүйүздүү, майда малдарды, жылкыларды жана үй канаттуларын саноо иш чаралары өтүп натыйжада район боюнча ийри мүйүздүү малдардын саны 36219 түзсө болсо, майда малдардын саны 165990 болду, жылкылардын саны 2453 жана үй канаттуларынын саны 54601 түздү.

Бул малдарды идентификациялоо боюнча жер жерлерде тийиштүү иш чаралар колго алынууда.

Канатбек Исаев, “Кыргызстан” фракциясынын лидери: “Кризис улана берсе, Темир Сариевди отставкага кетиребиз”

Маектешимдин чоң саясаттагы орду өзгөчө. Жөнөкөй тил менен айтканда – үчтүн бири. Баса, Канат мырза 41 жашка жаңы толду! Куттуктайбыз! Эмесе, элдин колдоосуна ээ болгон, келечеги кең саясатчынын баарлашуусу кайдыгер калтырбаса керек…

–Канатбек Кедейканович, “Кыргызстан” фракциясынан чыгарылган Эльмира Жумалиева, Чолпон Эсенаманова, Урмат Ишенбековдун айынан сиздин атыңызга көлөкө түшүп атат да. Бул чыр-чатак боюнча коомчулук ар кандай болжошууда. Сиз конкреттүү түрдө өзүңүздүн аргументтериңизди айтып берсеңиз?

–Буга чейин биз тараптан расмий билдирүүлөр болбогондон улам, ар кандай сөздөр жаралууда. “Булар көп добуш алган, мыйзамсыз кетирип атышат, арыз жазган эмес” деген сыяктуу. Биринчиден, үчөө тең өтө төмөн добуш алышкан. Жумалиева эки миңге жетпеген добуш алса, Ишенбековдуку үч миңге жеткен эмес, ал эми Эсенаманова атасы экөө биригип, төрт миңге чукул добуш камсыздашкан. Мандатка ээ болуу үчүн мындай “ийгиликтер” жетишсиз экенин эскертип коеюн. Негизи беш миңден өйдө добуш алгандар гана депутат боло алышмак. Булардын айынан эл колдоосуна ээ болгондор да мандатка жетпей келишет… Эң башкысы, Кыргызстанда карапайым калктын ишенимине ээ болгон, тиешелүү добуш алган адамдар гана депутат болушу шарт. Ал эми колдоочусу жок туруп эле парламентте отуруп алып, эмне үчүн элдин атынан сүйлөшү керек? Өздөрүнүн региондорунда кадыр-барктары жок болуп, эмгек кылбаган адамдарды кантип жогорку трибунадан бакылдатабыз? Экинчиден, булар өз ыктыярлары менен фракциянын курамынан чыгышкан. Конституциянын 73-беренесине ылайык, өз ыктыяры менен фракциянын курамынан чыкса, автоматтык түрдө мандатынан ажырайт. Ал эми арыздарды үчөө тең өз колдору менен жазганын экспертиза дагы тастыктады. Бул боюнча башкы прокуратура иликтеп, мыйзамдуу түрдө корутундусун чыгарган.

–Негизи ызы-чуу кылбай эле түшүнүшүү жагынан иш кылсаңыздар болот беле?

–Туура, биз деле чыр-чатаксыз келишип алууга аракет кылганбыз. Мисалы, Жумалиевага вице-премьер-министрлик кызматты сунуштаганбыз. Ал эжекебиз болсо, бир гезитте “вице-премьерликти сунуш кылганда барбай койдум” десе, экинчи интервюсунда “кызмат берген эмес” деп айтып атат. А чындыгында, Жумалиевага вице-премьер-министрлик орунду сунуштаганыбызды көпчүлүк коалициянын лидерлери, мүчөлөрү жакшы билишет. Мисалы, Чыныбай Турсунбеков, Өмүрбек Текебаев күбө. Ошондой эле Эсенамановага, Ишенбековго да кызмат жагынан сунуштар болгон, тилекке каршы, алар дагы баш тартышкан.

–Айрымдар “Республика – Ата Журттун” мандат талашуусун сиздердикине салыштырганы кандай?

–“Республика – Ата Журттун” депутаттары фракциядан чыгышып, сот аркылуу мандаттарын сактап калышканын бизге салыштыруу, бир мааниде кароо болбойт. Түп тамырынан маселе эки башка. Анткени, ал партиядан чыккан депутаттардын шайлоого чейинки жазган арызында “мөөнөтүнөн мурда мандаттан баш тартам” деп БШКга жазган каттары бар. Ал жагдай каралганга чейин арыздарын чакыртып алса болот. Бизде болсо маселе такыр башкача, аталган үчөө өз каалоолору менен фракциядан чыгып атышпайбы. Жогоруда айткандай, мындай шартта Конституциянын 73-беренесине ылайык, автоматтык түрдө мандаттарынан ажырашканы мыйзамдуу негиздер менен бекемделип турат.

–Ошол мандаттан ажыраган кечээги коллегаларыңыз моюн беришпей, жетиштүү добуш алышканын айтышууда. Негиздүүбү?

–Жок! Фракциядан чыккан депутаттар каралап, жалган маалымат тарата башташты. Маселен, Ишенбеков Кочкордон да добуш алганын айтып атат. Андай эмес да, ал жактан төрт талапкер чыккан: Макеев, Алжанбаев, Ибраев, Шаршенбаев. Андыктан, Кочкор районуна Ишенбеков Урматтын эч кандай тиешеси болгон эмес. А Эсенаманова атасы экөө: “Жайыл менен Панфиловдун добушун биз алганбыз” дейт. Панфилов районунан Алыбаев Орозбек, Осмонбаев Асан чыкса, Жайылдан Карымшаков Бактияр негизги талапкер болгон. Эсенамановдор болгону Панфиловдогу эки айыл өкмөтү менен иштешкен. Ал эми Жумалиева “Таластагы добуштун баарын мен алдым” деп атат. Жок! Таластан Жумабеков Дастан, Бекмурзаев Доскул, Асейин, Кенжебаев Байгазы деген жигиттер шайлоого аттанышкан. Баарынын добуштары биригип, он миңге жетпей калган. Жумалиева болсо, эки миңге жетпеген добуш алганын баса белгилеп коеюн.

–Негизи шайлоого карата партиянын тизмесин түзгөндө шашылып, катачылыктар кеткен окшойт…

–Ооба, шашылыш болуп калганын моюнга алабыз. Биз кыска аралыкта партияны жандандырып, шайлоого аттанганда “добуш ала албай калсам, тизмеден чыгып кетем” деген жигитче сөз берүүлөр болгон. Тилекке каршы, ошол сөздөрүнө айрымдар турбай, шайлоодон кийин мандаттарына тырмышып отуруп алышты. Баса, кээ бир партиялар шайлоо алдында “Кудай урсун, баламдын жакшылыгын көрбөй калайын” деген анттарды айтышып, аны бузганга барышты. Мындайларды көргөндөн кийин мыйзамдын, Конституциянын астында ант берүүнүн зарылчылыгы барбы? Антты тебелеген адамдарда ыйыктык, баалуулуктар болобу? Элге кантип кызмат кылышат? Эң оболу, ар бир адамдын максаты мандат болбош керек. Бизде шайлоо астында алдыңкы тизмеге туруу үчүн жанталашышат. А партиянын идеологиясын, курамын, тутунган багытын караган киши жок. “Кийин келечекте партиялаштар менен иштешип кете аламбы, көз караштарыбыз туура болобу?” деп да ойлонушпайт. Эптеп эле мандатка илинишсе болду.

“Көч бара-бара түзөлөт” дейт. Азыр биз келечеги кең команда катары түптөлүп, партиябызды бекемдөө иш-аракеттерин жүргүзүп атабыз. Негизи бири-бирибизди көп жылдан бери тааныган, туруктуу адамдар партияны түзгөнбүз. Кыска мөөнөт болсо дагы, ийгиликке жетише алдык. Анткени, көпчүлүгүбүз буга чейин өз округдарыбызда элге жакшылыктарды жаратканбыз. Ишенимге ээ болдук. Ошон үчүн бизди элибиз колдоду. Эске салсак, бизде парламентке экинчи ирет партиялык тизме менен шайлоо болду. Ошондуктан, “Кыргызстан” фракциясында эле эмес, баардык партияларда мүчүлүштөр, ички кемчиликтер бар. Партиялык тартипти бекемдеш үчүн, ички ызы-чуулар болбош үчүн референдум аркылуу Конституцияга өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү зарыл. Маселен, кечээ эле Феликс Куловдун партиясына кирип, “Ар-Намыстын” акчасы, добушу менен депутат болгондор эки айга жетпей эле лидерин партиядан кетирүү талаптарын чыгарып атышпайбы. Ошол эле депутаттар бүгүн башка фракцияларга кирип алышып, кайрадан эски оорулары менен ичтен иритишип, бузукулук иштерин жасап жүрүшөт. Ошол себептен, партиянын кызыкчылыгы үчүн мандаттарды ажыратууну съездин чечими мененби, айтор, бир жолун табуу керек. Айрымдар айтышы мүмкүн: “Съездин чечими менен мандатты жок кыла береби?” дешип. Андай боло турган болсо, шайлоо астында ким менен идеялаш болуу, пикир келишүү жагын ойлошсун да, негизи партиялаштарына карата ишеними болушу шарт. Партияга кирип атканда мамлекетке, элге кызмат кылуу үчүн бекем позиция керек. А бизде убактылуу кызыкчылык үчүн саясый күчтөрдүн атын жамынып жүргөндөр арбын. Андыктан, биз партиялык тартипти референдум аркылуу мыйзамдаштырып, бекемдөө жагын карайбыз.

–Канатбек мырза, фракцияңызда мандат чуусу чыкканда, сиз чет өлкөдө болуп калдыңыз, ошондо Өмүрбек Бабановго караштуу маалымат булактары сизди каралоого өткөнү кандай? Же Бабанов сизди таасирдүү оппонент катары көрүп, чоочулап, мүдүрүлтүү аракетине өткөнүбү?

–Кыргыз элинде көп жакшы сапаттар бар, ошого катар начар сапаттар дагы арбын, бирок, ошонун ичинен көралбастык жагын айтпай коюу болбойт. Бирөөнүн кичинекей кемчилиги байкалса, ошого сүйүнүп, табаламай жагынан да куру калбагандар арабызда жүрөт. Ичкүйдүлүк менен жашагандарга таңгаласың. “Республика – Ата Журт” фракциясы айрым депутаттарынын мандаттарынан ажыратуу маселесинде сотко уттуруп коюшкан. А биздин партия мыйзамдуу жеңишке жетүүдө. Саясатта Бабанов экөөбүз тең жашпыз. Эми анын ичинде кандай бузукулук бар экенин жоруп отургум келбейт…

–Шайлоо астында “Кыргызстан” партиясы негизинен эки чоң убаданы бергени эсимде. Ушул жагын чечмелей кетсеңиз?

–Биздин партия жаңыдан телчигип келатат. Курамы да негизинен жаштардан турат. “Кыргызстан” менен биринчи шайлоого катыштык, Кудай буюрса,  ийгиликтер алдыда. Бизде саясый амбиция бар, келечекте дагы шайлоолорго катышабыз. Өткөн парламенттик шайлоодо биз аткарыла турган эки убада бергенбиз. Башкалардай болуп, “жол салабыз, мектеп курабыз, пенсия, айлыкты көбөйтөбүз” деп алдаган эмеспиз. Эң негизги ишибиз, буга чейинки партиялаштар түптөгөн элүү ири ишкана бар экен. Мына ушул жагын жүзгө жеткизүү үчүн убада кылганбыз. Парламентке келгенибизге аз гана убакыт болду, буюрса, быйыл жети-сегиз чоң ишканаларды ачып, элди жумуш орундары менен камсыздаганы турабыз. Келечекте, беш жылды күтүп отурбай деле жогоруда айткан элүү ишканабызды ачып берүүгө көзүбүз жетет. Мунун өзү миңдеген жумуш орундары, миллиондогон салыктар да. Экономиканын эң башкы локомотиви өндүрүш эмеспи. Партиянын негизги максаты да Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү, элди жумуш орундары менен камсыздоо. Эми экинчи убадабызга келели. Кыргыз элинин санын көбөйтүү планы менен башталат. Биринчи байлыгыбыз алтын, көмүр же күйүүчү май эмес, байлыгыбыз – эл! Качан элибиздин саны арбып, инсандык ресурстар көбөйсө, мамлекетибизде жашоо жакшырат. Бул жагынан көп балалуу үй-бүлөлөрдү, энелерди колдоо иретинде сүйүнчү пул берүүнү партиянын программасына киргизгенбиз. Ар бир жаңы төрөлгөн балага 50 миң сомдон берүүнү ойлогонбуз.

–Бул боюнча мыйзам жазасыздарбы?

–Мыйзамдын долбоору азыр даяр. Коалициялык өкмөт куралып атканда, Темир Сариев суранды, “быйыл бюджетте 20 миллиард сом дефицит болуп атат, кийинки жылы алыскы тоолуу райондордон, оор шартта жашаган үй-бүлөлөрдөн баштасак” деп. Биз өкмөттүн аянычтуу абалын көрүп, макул болдук. Бул идеябыз менен ички миграцияны токтотконго да жакшы жөрөлгө түзүлөт. Ошентип, кийинки жылы жаңы төрөлгөн наристелерге 30 же 40 миң сомдон сүйүнчү пулду бере баштасак болот. Анан акырындап, айткан убадабызды толук кандуу аткарууга жетишебиз.

–Депутаттык 5 жылдык мөөнөт бүткүчө жетишесиздерби ошондо?

–Буюрса. Анүчүн мен жогоруда айткандай, өндүрүштү өнүктүрсөк, салыктар көбөйөт, ошону менен катар биздин көтөргөн идеяны мамлекет ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алат.

–Коомчулук ичинде өкмөткө нааразычылык күчөп баратат. Баардык тармактар кризиске кептелип атканын сиз деле көрүп атсаңыз керек?..

–Темир Сариев өкмөт башчы болгондон бери биз пайдалуу демилгелерди көтөрүүдөбүз, тилекке каршы, аткарылбай келатат. Эң негизгиси, биздин партиянын максатын ишке ашыруу үчүн өндүрүшкө өзгөчө көңүл буруш керек. Качан гана өндүрүш өнүгүү жолуна түшкөндө, мамлекет айыл-чарбасын да колдоого мүмкүнчүлүк алат. Соода жана тейлөө тармагы жакшырат. Мисалы, Россияда канча деген миллиард доллары фонддо туруп, анан мунайдын баасы түшүп кеткенде, ошол резервдеги акчасын пайдаланып атышат. Казакстанда да ошондой, мунайдын баасы түшкөндөн кийин, улуттук валютасынын наркы түшүүдө. Буларда экономикасы түздөн-түз күйүүчү майга байланыштуу болгондуктан, өндүрүш жагын алсак, жетиштүү деңгээлде эмес эле. Андыктан, Кыргызстанда да өндүрүштү бутка тургузмайын, эч кандай экономикабыз көтөрүлбөйт. А өкмөт биздин айтканыбызды аткара албай келатат. Эң башкысы, ички дүң продукциянын көлөмүн көбөйтүп, элди жумуш менен камсыз кыла турган ишканаларды жандандырып, салык саясатын ырааттуу кылсак, экономикабыз алдыга жылмак. Мына, бүгүнкү күндө көрүп атабыз, айыл-чарба продукциясы сыртка чыкпай калды. Учурда бирден-бир программабызды ишке ашыруу – атамекендик ишканаларды колдоо иретинде, унга, буудайга НДСти алып салуу үчүн өкмөткө тапшырма берип, мыйзамдуу түрдө өткөрдүк. Ушундан улам өзүбүздөгү ун чыгара турган ишканалар Казакстандыкы менен атаандаштык шартта иштегенге мүмкүнчүлүк пайда болду. Мындай шартты баардык тармактарга түзүп беришибиз керек. Бизнес кылгандарга жеңилдетилген кредиттерди берип, ошол эле кезде сырттан келе турган инвесторлорго шарт түзүп беришибиз зарыл. Мына, эгемендүүлүк алганыбызга 25 жыл болгону турат. Америкадан, Япониядан, Германия, Франциядан инвесторлор келдиби? Көрүп атабыз, инвесторлор негизинен Кытайдан келүүдө. А өнүккөн, заманбап технологияларга ээ болгон батыш өлкөлөрүнөн бир да ири инвестор келген жок. Мамлекеттин өндүрүшүнө керектүү акча салууга өзүбүздүн ички мүмкүнчүлүгүбүз жетишсиз. Ошон үчүн биз сырттан келе турган инвесторлорго жакшы шарт түзүп берүүгө милдеттүүбүз. Дал ушул бүгүнкү күндөгү оор абалда өкмөт кризистик программа катары сунуштарды да кылган жок.

–Буга чейин көрбөдүкпү, Бажы биримдигине даярдыксыз кирип алып, эт жана айыл-чарба продукциясы сыртка чыкпай калды. Лабораториялар алигүнчө курула элек экени эмнеден кабар берет?

–Туура, Бажы биримдигине киргенге чейин баардык шарттарды даярдап коюш керек болчу. Учурда эт, сүт жана башка айыл-чарба продукциялары кошуна мамлекеттерге же алыскы Араб өлкөлөрүнө чыга албай атат. Ошол лаборатория, идентификация болбогону айыл-чарба тармагына бөгөт коюлду. Өкмөттүн чабал, ыраатсыз саясатынан ушундай болууда. Мындай көйгөйлөр эчак эле жолго салынышы керек эле.

–Буга чейин өкмөттүн антикризистик программасы жок экени боюнча сындалып келген. Мындай темп менен кете берсе, жакын арада айлык, пенсияны бере албай калбайбы? 

–Бүгүнкү күндө деле айлыктары убагында берилбеген тармактар бар экен. Бюджетти кабыл алууда мен өкмөттү катуу сынга алдым. Анткени, быйылкы жылга 22 миллиард сом дефицит болуп атса, 2017-жылга да божомол менен 20 миллиард сомдон кем эмес дефицит экен. Эки жылда 42 миллиард сом менен дефицит болууда. Бул жарым миллиард доллардан ашык акча да. Туура, карыз алса болот, бирок, аны реалдуу түрдөгү өндүрүшкө жумшасак, анан салыгын төлөп, жумуш орундары менен камсыздап, ички дүң продукцияга кошкон салымы менен экономикабызга пайда апкелсек гана ийгиликтүү иш болот да. Эгерде өкмөт карыз акча менен жол, мектеп, спорт зал куруп, айлык акыларды жаба берсе, аягы эмне болот? Кайра андай курулуштарды тейлеп, оңдоп, эмгек жамаатка маяна төлөш керек да. Ошол эле учурда сырткы карызыбызды тейлөө жагы эле кыйынчылык жаратат, алган карыздын проценти жыл сайын өсө берет. Учурда сырткы карызыбыз ички дүң продукциябыздын көлөмүнө салыштырганда 60 пайызга келип калды. Бул өтө чоң сумма. Эгерде алган карызды өндүрүшкө сала турган болсок, анда бул жагынан өсүү болмок. А азыркыдай эле популизм менен карыз акчага жол, көпүрө, же башка курулуш иштерине жумшай берсек, келечегибиз татаалдаша берет.

–Ошентип, образдуу айтканда, өкмөт сазга батып эле кете береби? 

–Ушундай кризис убагында страхования маселесин, казино, тоолуу райондордогу жеңилдетилген шарттарды алып салуу сунуштарын кылышты. Менимче, Темир Сариев карапайым калктын кыйналып жашап атканын билбегенин көрсөттү. Мындай тескери кадамга Жогорку Кеңеш жол берген жок. Барган сайын күнүмдүк көйгөйлөр көбөйүп баратат. Эгерде өкмөт отчетун бергени келгенде кризистен чыгып кетүү жагын көрсөтө албаса, анда коалициялык көпчүлүк, парламент чечкиндүү кадамдарга баруу менен отставкага кетирүү жагын көтөрөт. Анткени, бизден дагы эл сурап атат. Доллардын курсу көтөрүлүп атса, курулуш иштери солгундап, айыл-чарба продукциясынын жана малдын баасы төмөндөсө, эл кыйналып отура береби? Биз оор учурда эл менен иштеп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп атабыз. Ошол эле учурда өкмөт чечкиндүү кадамдарын көрсөтө албаса, парламент өзүнүн баасын бериш керек да.

–Өкмөттүн ишмердүүлүгү жаныңызга баткан окшойт?

–Албетте. Тартип жагынан дагы өкмөттүн иштөө багыты жок, ыраатсыз. Маселен, Темир Сариевге фракция жетекчилери, депутаттар кат жазса, убагында жооп болбойт. Фракция лидерлерине, депутаттарга мындай кайдыгер мамиле кылып атса, а карапайым элди ойлойбу? Жер-жерлерде акимдердин, мэрлердин мыйзам бузган фактылары көп, эгерде өкмөт, жергиликтүү бийликтин башчылары үлгү боло тургандын ордуна, тескери кетип атышса, а эл эмне дейт? Биринчиден мамлекеттик кызматкерлер үлгү көрсөтпөйбү? Дагы бир көйгөй, сырткы инвесторлор келсе, бизде электр энергиясы жетишсиз. “Электр кубаттуулугун бере албайбыз, жетишсиз” дейт. Анда кантип инвестор чакырабыз? Мындай кырдаалдан чыгуу үчүн ички инвесторлорду таптык, алар чакан ГЭС курууга даяр турушат, бул жагдайда өкмөткө кат жазгам. Эки айдан бери жооп жок. Мамлекеттин жерин сатып алып, 1-1,5 жылда электр энергиясын чыгарууга бел байлап атышса, ошону чечип бербейт. Мындай көрүнүштөн соң, анан кантип чоң долбоорлор жүзөгө ашмак эле?

Баса, билесиңер, мен Аккула, Каракол ат майдандары мыйзамсыз сатылып кеткени боюнча маселе көтөргөм. Каракол ат майданын мамлекетке кайтардык. Ал эми Аккуланы мамлекетке алуу үчүн сот процесси уланууда. Бир жылдан бери өкмөт токтом чыгарып бериш керек болчу, тилекке каршы, кайдыгерлигин көрсөттү. Ушул маселенин эмне болуп атканын сурап, кызыгып да койбойт. Биз чуркап жүрөбүз. Дал ушундай элдин чоң мүлкүнө кайдыгер болсо, улутташтырылган ишканалардын ахвалы аянычтуу болсо, мамлекет өзүнүн менчигине көңүл кош караса, анан кантип экономикабыз өссүн? Темир Сариев бюджеттин акчасын кризисти жеңе турган өндүрүштүк багыттарга жумшабай, утурумдук пиар үчүн ар кандай курулуш иштерине пайдаланганын кандайча түшүнөбүз?..

Асланбек САРТБАЕВ    

Жалал-Абадда милициянын «Тартип» профилактикалык иш-чарасы өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын  8-фералынан  23-февралга  чейин  Жалал-Абад  ОИИБнын  жетекчилигинин  буйругунун  негизинде «Тартип»  аталыштагы  ыкчам  алдын алуу  профилактикалык  иш-чарасы   Жалал-Абад  облусунун  Жалал-Абад  шаарында  жана  Сузак  районунун  аймагында  өткөрүлүүдө. Бул тууралу Жалал-Абад  ОИИБнын басма сөз кызматы билдирет.

Бул  иш-чарага  Жалал-Абад  ОИИБнын  борбордук  аппаратынын,  Жалал-Абад ШИИБнүн, Сузак РИИБнүн  тартип  сакчылары, Кайгуул-күзөт  кызматынын  өзүнчө  батальонунун, жол-кайгуул  кызматынын 200 дөй  милиция  кызматкерлери, Жалал-Абад  шаарынын  мэриясынын  өкүлдөрү,  коомдук  уюмдардын, массалык-маалымат каражаттарынын,    кварталдык  комитеттер  менен  элдик  кошундардын  60тай  өкүлдөрү  катышышты.

Бул  профилактикалык  иш-чара  күн  сайын  атайын  саптык  тизилүү  менен  башталып, жетекчилик  тарабынан   талаптар  жана  атайын  тапшырмалар өздүк  курамга  берилип,  максаты    кылмыштуулуктун  алдын  алуу,  кылмыштардын  беттерин  ачуу, паспорт  режиминин  сакталышы, ар  бир  кварталдагы  жашаган  атуулдарды   тактоо,  милициядагы  профилактикалык  эсепте  турушкан  жарандарды  текшерүү,  айрыкча  мурда   кылмыш  жасашкан  жарандарды, соода  түйүндөрүн, диний  уюмдарды   жана  жол-транспорттук  кырсыктардын   алдын  алуу  боюнча  иш  алып  баруу  болду.

Өзгөн шаарында ондон ашык тамактануучу жай жабылабы?

Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин Ош облустук бөлүмү,жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укутуу өкүлүнүн алдындагы Райондор аралык керектөөчүлөрдүн укугун жана жарандардын саламатыгын коргоо кызматы тарабынан биргеликте Бүткүл дүйнөлүк керектөөчүлөрдүн укугун коргоо күнүнө карата 9-10-февраль күндөрү Өзгөн шаарынын борбордук базарындагы иш кызматтарындагы болуп жаткан кемчилдиктерди жоюу максатында, Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы, оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору, К.Р. Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Өзгөн райондук бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда жүргүзүлдү. Бул тууралуу кызматтын пресс катчысы Таалайбек уулу Айбек билдирди.

Тиешелүү адистер менен болгон иликтөөдө  Өзгөн шаарында сатылып жаткан азык-түлүктөр талапка жооп бербегени, жарактуулук мөөнөтү  өтүп кеткендиги жана жарактуулук мөөнөттөрү коюлбагандыгы, чет өлкөдөн келген азык-түлүктөр эч кандай  маалыматы жок мамлекеттик же расмий тилде жазылбаган жана жаш балдар үчүн чыгарылган шириндиктердин басымдуусунда көрсөтмө жок. Соодагерлердин айрымдарынын санитардык китепчелери жок медициналык кароодон өтпөй жүргөндүктөрү белгилүү болду жана эт сатуучу жайлардын санитардык абалы да начар экенидиги байкалды. Тамак-аштардын адам көп өтүүчү жерлерде ачык сатылып жатканы кездешет. Ошондой эле үй шартында даярдалган салаттар эч кандай сатууга  уруксаты жок соода кылгандары аныкталып, жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Керектөөчүлөрдүн баары эле товар алып жатып, мөөнөтүнө маани бере бербейт. Бул иликтөөдө жарамдуулугу бир канча убакыт өтүп кеткен азыктардын сатылып жаткандыктарына күбө болдук.Өзгөн шаарындагы кээ бир коомдук тамактануучу жайлардын ветеринардык,  санитардык –гигеналык абалы талапка жооп бербейт мындан сырткары эмеректери оңдоп түзөөдөн өткөнчө керектөчүнүн мыйзамына ылайык жабылат.

Жогорудагыдай кемчилдиктерди жоюу максатында Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын акимдин биринчи орун басарынын жана аталган кызматтын өкүлдөрү, базар жетекчилери менен биргеликте кемчилдиктерди жоюу боюнча жыйын болуп, ондон ашык тамактануучу жайлардын шарттары оңдолгончо жабылаары сунушталды.

КР УИАнын Гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмү отчет берди

Жума күнү, 12-февралда Гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмүнүн вице-президенти, Бөлүмдүн төрагасы, академик А.А.Акматалиев “2015-жылдагы Бөлүмдүн негизги илимий жана илимий-уюштуруучулук ишмердүүлүгүнүн негизги көрсөткүчтөрү тууралуу”,  төраганын орун басары, академик А.Ч.Какеевдин “2015-жылдагы Бөлүмдүн мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгү” тууралуу доклад жасашты.

Гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмүнүн жылдык жалпы чогулушу Бөлүм бул отчёттук жылда илимий жана илимий-уюштуруучулук ишмердүүлүк боюнча белгилүү ийгиликтерге жетишкендигин белгиледи.

Бөлүмдүн илим изилдөө мекемелери тарабынан учурдун актуалдуу проблемалары боюнча фундаменталдык жана прикладдык изилдөөлөр жүргүзүлүп, негизги көңүл манастаануу, тил илими, адабият таануу, Кыргызстандын маданий мурастарын изилдөө, сактоо жана пайдалануу маселелери, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы, археология, кыргыз элинин коомдук-саясий жана философиялык ойломунун тарыхы, Кыргызстандагы конституциялык-укуктук реформалардын калыптануусу жана өнүгүүсү, рынок институттарынын өнүгүү өзгөчөлүктөрү жана өнүктүрүү көйгөйлөрүнө өзгөчө көңүл бөлүнгөн.

Бөлүмдүн курамында 5 илимий мекеме жана борборлоштурулган илимий китепкана бар. Бул мекемелердеги жалпы кызматкерлердин саны  – 224, илимий кызматкерлердин саны 202, алардын ичинен 5 академик, 21 корреспондент-мүчө, 40 илимдин доктору, 76 илимдин кандидаты эмгектенет..

Отчёттук жылда  Институттар илим-изилдөө иштерин 9 илимий долбоордун алкагында иш алып барышты.  Изилдөөлөргө мамлекеттик бюджеттен 88574,5 сом бөлүнгөн. Мындан сырткары бюджеттен сырткары институттар тарабынан спонсорлордун эсебинен 855112 миӊ сом тартылган.

2015-жылы  42 монография, академиялык басылмалар, 7 окуу китептери 242 илимий макала жарык көргөн жана анын ичинен 35 макала чет өлкөдө жарык көргөн.

Бөлүм тарабынан бул отчёттук жылда 30 эл аралык, республикалык илимий форум, конференция, семинар, тегерек столдорду уюштурушкан.

Бөлүмдүн алдындагы 6 диссертациялык кеңеште республикалык жана чет элдик ар кандай мекемелеринен даярдалган 11 докторлук, 31 кандидаттык диссертация жакталган.

Гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмүнүн Жалпы жылдык чогулушу

Бөлүмдун мүчөлөрүнүн 2015-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу билдирүүсү эске алынып, Бөлүмдүн илим-изилдөө мекемелерине, бөлүмдүн илимий мекемелери менен жогорку окуу жайларынын кафедраларындагы изилдөө тематикаларын жакындаштыруу, жалпылаштыруу, координациялоо  боюнча иш-чаралар улантылсын,  диссертациялардын сапаты жакшыртылсын,     коомдук илимдердин приоритеттүү багыттары боюнча фундаменталдык эмгектерди даярдоо иштерин активдештирилсин, Гуманитардык илимдин артыкчылыктуу багыттары такталып, мамлекеттик бюджеттен каржылоонун конкреттүү программалары иштелип чыксын жана гранттык конкурстарга активдүү катышуу колго алынсын, Гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмүндө бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну көзөмөлдөө иши улантылсын деген токтом чыгарылды.

Жалал-Абадда милициянын «Тартип» профилактикалык иш-чарасы өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын  8-фералынан  23-февралга  чейин  Жалал-Абад  ОИИБнын  жетекчилигинин  буйругунун  негизинде «Тартип»  аталыштагы  ыкчам  алдын алуу  профилактикалык  иш-чарасы   Жалал-Абад  облусунун  Жалал-Абад  шаарында  жана  Сузак  районунун  аймагында  өткөрүлүүдө. Бул тууралу Жалал-Абад  ОИИБнын басма сөз кызматы билдирет.

Бул  иш-чарага  Жалал-Абад  ОИИБнын  борбордук  аппаратынын,  Жалал-Абад ШИИБнүн, Сузак РИИБнүн  тартип  сакчылары, Кайгуул-күзөт  кызматынын  өзүнчө  батальонунун, жол-кайгуул  кызматынын 200 дөй  милиция  кызматкерлери, Жалал-Абад  шаарынын  мэриясынын  өкүлдөрү,  коомдук  уюмдардын, массалык-маалымат каражаттарынын,    кварталдык  комитеттер  менен  элдик  кошундардын  60тай  өкүлдөрү  катышышты.

Бул  профилактикалык  иш-чара  күн  сайын  атайын  саптык  тизилүү  менен  башталып, жетекчилик  тарабынан   талаптар  жана  атайын  тапшырмалар өздүк  курамга  берилип,  максаты    кылмыштуулуктун  алдын  алуу,  кылмыштардын  беттерин  ачуу, паспорт  режиминин  сакталышы, ар  бир  кварталдагы  жашаган  атуулдарды   тактоо,  милициядагы  профилактикалык  эсепте  турушкан  жарандарды  текшерүү,  айрыкча  мурда   кылмыш  жасашкан  жарандарды, соода  түйүндөрүн, диний  уюмдарды   жана  жол-транспорттук  кырсыктардын   алдын  алуу  боюнча  иш  алып  баруу  болду.

2015-жылы Лейлек районунун калкынын саны өстү

2016-жылдын 1-январына карата Лейлек районунун калкынын саны 133 349 адамды түзсө, анын ичинен эркектердин саны 67865, ал эми аялдардын саны 65484 түздү. Бул тууралу Лейлек райондук акимчиликтин басма сөз кызматкери Эрмек Бахавадинов билдирди.

Ошондой эле кожолуктун саны 29725 болду. Белгилеп кетүүчү нерсе 2015-жылдын 1-январына карата райондун калкынын саны 131023 адамды түзгөн болсо, өткөн жылга салыштырмалуу быйыл калктын саны 2326 адамга же 1,8% өскөн. Анын ичинен эркектер салыштырмалуу 1110 адамга көбөйсө, аялдар 1216 адамга көп болду.

Транспорт министри Аргынбек Малабаевге Нарындын автожолчуларынын кайрылуусу

Кыргыз республикасынын Транспорт жана коммуникация министири А.Ж.Малабаевге

Нарын облусу боюнча №3, №8, №14, №15, 18, 20, 24- автомобиль жол өндүрүштүк линиясынын жумушчуларынын атынан

                                Кайрылуу!!

Урматуу Аргынбек Жумабекович, биздин сизге кайрылуубуздун себебин мурдадагы уккансыз, азырдагы сизге массалык маалымат каражаттары аркылуу кайрылууну чечтик. Бул маселени карап, калыс ойлонуп бир адамдын эмес толтура коллективдеги жумушчулардын кызыкчылыгы үчүн чечим чыгарууңузду талап кылабыз.

Нарын облустук №3-авто жолдор башкармачылыгынын мурунку жетекчиси К.Кадыркулов азыр соттон утуп алып кайрадан кызматка келет деген сөздү угуп коллектив абдан тынчсызданып жатабыз. Себеби ал киши иштеп жатканда бул мекемеде алгылыктуу бир дагы иш жүргүзүлбөй бир кишинин кызыкчылыгы биринчи кезекте турган. Күйүүчү-майлоочу майларды бөлүштүрүүнү башкармачылыкка каратып алып, жол тейлөө ишканаларына 200-250 км жолду тейлөөгө 1 тонна май каралса аны кемитип, 200 литрин алып калчу, майрамдарда өзүнө коробка даярдатып, жумушка жаңы келгендерден опсуз түрдө пара талап кылуучу. Бул боюнча ишкана жетекчилери гана эмес жөнөкөй жумушчулардан бери айтып келишүүдө. К. Кадыркулов пенсия курагындагы адам жана бул адам кайтып келсе коррупциялык ишмердигин улантаарынан эч шек жаратпайт. Бул маселе боюнча №3-Авто жолдор башкармачылыгынын 2016-жылдын 2-февралында жыл жыйынтыктоочу техникалык кенешинде көтөрүлүп, эгер бул киши кызматка келсе, нааразычылык көргөзүп кызматка олтургузбайбыз жана жумуш таштап нааразычылык акциясына чыгаарыбызды билдиребиз деп

№8-ЖТИнин жетекчиси Токбаев К

№20-ЖТИнин жетекчиси Жусубалиев А,

№24-ЖТИнин жетекчиси Сагынкулов,

№18-ЖТИ жетекчиси Шергазиев К,

№14-ЖТИнин жетекчиси Бердибеков К

№15-ЖТИнин жетекчиси Исаев А,

жалпы 100ашык жумушчу кайрылат.

10.02.2016ж

Жалал-Абадда турак-жай сатып алууга ипотекалык насыя алуунун жол-жобосу талкууланды

Жума күнү, 12-февралда Жалал-Абадда  турак-жай сатып алуу боюнча ипотекалык насыя алуунун жол-жобосун талкуулаган кеңейтилген жыйын болуп өттү деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Жыйынга областтын аймагынан келишкен мугалимдер менен дарыгерлер, социалдык тармактын кызматкерлери, акимдер менен мэрлердин  социалдык тармакты жетектеген орун  басарлары, коомчулуктун өкүлдөрү менен массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Жыйынга турак-жайларды ипотекалык негизде сатып алуу боюнча иш алып баруучу «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКнын төрагасынын орун басары Үсөнакун уулу Нуржигит, компаниянын жооптуу адиси Алмазбек Дакыбаев катышты. Жыйындын ишин өкүлдүн орун басары Бактыбек Анаркулов алып барды.

– КРнын Өкмөтүнүн Токтому менен бюджеттик мекеме-ишканаларда эмгектенген Кыргызстандын жарандарын турак-жай менен камсыздоо максатында атайын комиссия түзүлүп, анын төрайымдыгына КРнын Өкмөтүнүн вице-премьер-министри Гулмира Кудайбердиева бекитилген. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду  «Арзан турак-жай 2015-2020» программасын ырааттуулук менен турмушка ашыруу боюнча каражаттык колдоо көрсөтүү өнөктөшү катары биргеликте иш алып барууда. Турак-жай сатып алуу боюнча ипотекалык насыя берүү жана кайтаруу толугу менен кыргыз сому менен жүргүзүлөт. Бул ипотекалык программага кирүү үчүн мектепте иштеген мугалимдер менен ооруканаларда эмгектенишкен дарыгерлер менен медайымдар жергиликтүү бийлик органдарында түзүлгөн комиссиянын тизмесине кирүүлөрү шарт. Турак-жайларга ипотекалык насыя берүүнү Кыргызстандагы Айыл банк менен РСК банктары тарабынан ишке ашырылат,- деди «Мамлекеттик ипотекалык компаниянын» төрагасынын орун басары Үсөнакун уулу Нуржигит.

Турак-жайларды сатып алуу боюнча ипотекалык насыянын алгачкы төлөмү 10% болуп саналат. Насыя алуучуларга коюлган шарттардын негизгилери насыя алуучу Кыргызстандын атуулу болуусу шарт. Мындан сырткары насыя төлөп бүткөнгө чейин кардардын жашы 65тен ашпоого тийиш.

Жыйындын жүрүшүндө «Мамлекеттик ипотекалык компаниянын» өкүлдөрүнө көптөгөн суроолор берилип, аларга жетиштүү деңгээлде канааттандырарлык жооптор алынды. Учурда Жалал-Абад областы боюнча турак-жайларын жакшыртуу боюнча областтык комиссияга мугалимдер менен дарыгерлерден 4433 арыздар келип түшкөн. Учурда «Мамлекеттик ипотекалык компаниянын»  ААКнын Уставдык капиталы 300 млн. сомду түзөт.

Жолдошбай Осмонов, журналист

Өзбекстанда адам саткандар соттолду

Маселен, топтун өкүлү Фазлиддин Хусанов чет элде иштөөнү каалагандардын тизмесин түзүү менен алектенип, мигранттардын аты-жөнүн, качан жөнөтүлгөнү тууралуу маалыматтарды каттап турган. Ошондой эле эсепчи кызматын да аркалап, бардык киреше-чыгашаларды тыкыр көзөмөлдөп келгенин Sputnik интернет басылмасы кабарлады.

Ал эми негизинен Фергана өрөөнүнөн келген жарандарды Ташкендеги атайын жайда топтоо милдети шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнүн мурдагы кызматкери Кобил Толиповго таандык болгон. Аталган кылмыш тобу эки жыл аралыгында көптөгөн мигранттарды мыйзамсыз түрдө чет мамлекеттерге жиберишкен. Ортомчулук кылгандыктары үчүн ар бири чоң суммадагы акча алышкан.

Мигранттардын акыркысы былтыр майда Казакстанга жеткирилген. Ошол учурда укук коргоо органдары Толипов менен анын төрт шеригин кармап, элди мыйзамсыз сыртка чыгаруу боюнча каналга бөгөт коюшкан.

Сотто айыпталуучулар коюлган күнөөлөрдү толук моюнга алышты. Баары кылмыш жообуна тартылды.

Кыргызстанда дыйкандарга жеңилдетилген насыялар берилет

Кыргыз өкмөтү айыл чарбаны өнүктүрүүгө насыя берүү шартын жеңилдетет.

Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев жазгы талаа иштерине даярдыктын жүрүшү талкууланган Жогорку Кеңештеги жалпы жыйынында билдирди.

Анын айтуусунда, дыйкандарга жеңилдетилген насыяларды берүү уланууда. Быйыл жыл башынан бери 10 пайыз үстөгү бар насыялардан кутулуунун мөөнөтү 2 жылдан 3 жылга узартылды. Ошону менен бирге Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан 12 пайыз үстөктө жеңилдетилген насыялар бөлүнөт. 2016-жылы жалпы насыялардын суммасы 12 миллиард сомго жетет. 100 миң сомго чейинки кредиттер күрөөсүз берилет.

Өткөн жылы 9 миң 980 субъекти 3,8 миллиард сомдук жеңилдетилген насыя алган. 2011-жылдан бери 13 миллиард сом акча жеңилдетилген шартта 51 миңден ашык дыйканга таратылган.

АКШ окумуштуулары гравитация толкундарын табышты

АКШ илимпоздору эки кара туңгуюктун кагылышынан пайда болгон гравитациялык толкундарды байкашканын билдиришти.

Дүйнө окумуштууларынын кызыгуусун арттырган ачылыш космоско байкоо салуунун жана гравитацияны түшүнүүнүн жаңы ыкмасын пайда кылары айтылууда.

Астрофизиктердин эл аралык командасы Гравитациялык-толкундук обсерваториянын лазердик интерферометрлери (LIGO) деп аталган, баасы 1,1 млрд долларлык сезгич приборлорду колдонуп келишет. Аны Кошмо Штаттардын эки жерине коюшуп, Жерден 1,3 млрд жарык жыл аралыктагы кара туңгуюктардан пайда болгон гравитациялык толкундарды байкоого пайдаланды. Илимдеги бул жетишкендик тууралуу толук бир кылым мурда эле Альберт Эйнштейн болжолдогон экен. Гравитациялык толкундар илимде мейкиндик-убакыт чегинде жыбыраган, көзгө элестелбеген, убакытты өйдө-төмөн, оң-сол ченемдерине айкалыштырган төртүнчү ченем деп айтылат.

Тажикстанда Баш мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөр коомдук талкууга коюлду

Эмомали Рахмон с штандартом

Анын бири Башкы мыйзамдын 65-беренесине байланыштуу. Анда президентти шайлоо эрежелери аныкталган. Өзгөртүүлөргө ылайык, депутаттар өлкө башчы Эмомали Рахмонго бийликте өмүр бою калууга мүмкүнчүлүк берүүдө.

“Бул берененин 4-бөлүгүндө жазылган чектөөлөр улуттук биримдик жана тынчтыкты орнотуучу, улут көсөмү Рахмонго тиешеси жок”, – деп айтылат документте.

Тажикстанда кийинки президенттик шайлоо 2020-жылы өтөт. Былтыр Рахмон улут көсөмү деген макамгаээ болгон. Мыйзам боюнча анынкийинки шайлоого катышууга укугу жок эле. Анткени 2 жолу президенттик шайлоодо утуп чыккан. Жалпы элдик добуш менен Башкы мыйзамга өзгөртүүлөр кирсе, Рахмон өзүнүн талапкерлигин дагы кое алат.

Тажик эли депутаттардын президенттикке талапкерлердин жашын 35тен 30 жашка чейин түшүрүү сунушун да талкуулап жатышат. Мындай демилге президент Эмомали Рахмондун уулу Рустам Эмомалинин президенттик шайлоого катышуусуна мүмкүнчүлүк берет. 2020-жылы Жемкордукка каршы күрөшүү жана мамлекеттик каржылык көзөмөл боюнча агенттиктин жетекчиси, Тажикстандын футбол федерациясынын президенти Рустам Эмомали 33 жашка толот.

Жаны технологиялар 2015

Ушул жылдын 22-январында Түркиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигинде кыргыз өлкөсүнөн 100дөн ашык ишкерлер, өкмөттүн өкүлдөрү жана 150дөй түрк ишкерлеринин катышуусунда бизнес-форум өттү. Бул тууралуу Түркиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Форум эки күнгө уланып, анда эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү жана кыргыз өлкөсүнүн инвестициялык потенциалы тууралуу сүйлөшүүлөр болду.

Түркиянын бажы жана соода министри Бюлент Тюфекчи Түркия Кыргыз Республикасы менен соода жана экономика тармагындагы кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи. “Эгер кыргыз тарап инвесторлор үчүн керектүү шарттарды түзүп берсе, биз колдоо көрсөтүүгө даярбыз”,– дейт Бюлент Тюфекчи.

Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Экономика министри Арзыбек Кожошев кыргыз жергеси инвесторлор үчүн бейиш экенин айтты. “Баарыңарды кыргыз өлкөсүнө чакырам. Бизге инвестор болуу үчүн учакка гана билет алышыңар керек. Калган шарттарды кыргыз өкмөтү түзүп берет”,– деди Арзыбек Кожошев.

Ал эми түркиялык ишкерлер айыл чарба, IT-технология, курулуш тармагын инвестициялоого даяр экенин билдиришти. Бизнес-форумда кызматташуу боюнча 3 келишимге кол коюлду. Келишим соода-экономика тармагындагы кызматташууну өнүктүрүү, кичи жана орто бизнестерди колдоо, ошондой эле кыргыз өлкөсүндө түрк үлгүсүндөгү өнөр жай аймактарын ачуу маселелерин камтыйт.

Түркияда өткөн бизнес-форумда 3 келишимге кол коюлду

Жалал-Абад мыкты спорттук регион деп табылды

Жалал-Абад мыкты спорттук регион деп табылды. 2 жылдан бери салтка айланып, өткөрүлүп келаткан SPORTS AWARDS мыкты спортчуларды сыйлоо салтанатынын аныктоосу менен 2015-жылы аталган облуста 60ка жакын ар кандай масштабдуу спорттук иш-чаралар өткөрүлгөн. Жалал-Абаддык спортчулар быйыл 38 жолу Кыргызстандын биринчилигине жана 18 жолу эл аралык мелдештерге катышып келишкен. Жергиликтүү бийлик бутактарынан да спорт үчүн көп каражат бөлүнөт дейт облустук спорт комитети. Облус мыкты деп табылганына байланыштуу Кыргызстандын төрт бурчунан аты алыска кеткен спортчулар Жалал-Абадда чогулушкан. Алар мектеп окуучулары жана студенттер менен жолугушуп, спорт тармагын өнүктүрүу жөнүндө сүйлөшүштү. Андан сырткары, жылдын мыкты спортчулары жаш балдарга жаңы жылдык белектерди тапшырышып, карылар жана балдар үйүнө барып кабар алышты.

Кышкы туризм кирешелүү тармак

Жайкы туризмге караганда кышкы туризм көбүрөөк киреше алып келет. Жыл өткөн сайын Кыргызстанга келген туристтердин саны көбөйүүдө жана келүүнү каалагандар да арбын. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максутов билдирди.

Буга чейин жайкы туризмге көбүрөк басым жасалып келсе, учурда жылдын төрт мезгилинде тең туристтерди тартуу иштери жүрүүдө. Өзгөчө кышкы туризм көбүрөөк киреше алып келгендиктен, өлкөнүн кооз жерлеринде жаңы тоо лыжа базаларын ачуу дагы пландалууда.

Министрдин айтымында, Кыргызстан 44 мамлекет менен визасыз режим түзгөн. Ошондуктан ал мамлекеттердин жарандары Кыргызстанда 60 күн визасыз жүрүүгө укугу бар.

Анын айтымында коноктор Кыргызстан тууралуу интернет аркылуу билет. Буга байланыштуу, туристтер кызыккан маалыматтар жайгашкан жаңы сайт жакында ачылмакчы.

Нарын облусу боюнча Малайзияга жолдомону 8-класстын окуучусу Уланбек уулу Элназар утту

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги жана мекенибиздеги 9 алдынкы ЖМК биргеликте баштап, бүткүл мамлекетибизди кучагына алып, бир ай бою жүргүзүлгөн “Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм” деген аталыштагы дил баяндар сынагы жыйынтыкталды.

Кыргыз жериндеги 9 алдынкы маалымат булагы өлкөбүздүн 7 дубаны жана Ош менен Бишкек шаарларын бөлүп алышып, ар бири өз аймагынан дил баяндарды кабыл алып, жыйынтык чыгарышмак. “Супер-Инфо” гезити сынакты Нарын облусу боюнча жүргүзүп, редакцияга келип түшкөн 106 дил баяндын ичинен 14 жаштагы Уланбек уулу Элназардыкын мыкты деп баалап, аны жеңүүчү деп тапты.

Элназар Нарын шаарындагы Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын 8-классынын окуучусу. Жеңүүчү болгонун укканда кубанып, күлүп да, кыйкырып да алды.

– Элназар, куттуктайбыз! Нарын облусунун окуучулары өзгөчө активдүүлүгүн көрсөтүштү. Ар бир районунан дил баяндар келип жатты. Жүздөн ашык окуучунун арасынан суурулуп чыгам деп күттүң беле?

– Күткөм, ооба, күткөм. Бүгүн сынактын жыйынтыгы жарыялана турган күн эмес беле. Эртеден бери үй-бүлөбүз менен күтүп отурдук эле.

– Жеңүүчү болгондогу сезим кандай экен?

– Жыргап жатам.

– Жыйынтыкты сени менен кошо күтүп отурган дагы кимдер бар, үй-бүлөңдөн башка?

– Таенем, бүт туугандар күткөн болчу. Досторго да сунуштагам, “ушундай сынак жүрүп жатыптыр, катышкыла” деп.

– Кимге сүйүнчүлөдүң?

– Таенемди күтүп жатам. Азыр үйүндө эмес болчу. Ошого сүйүнчүлөйм.

– Дил баянда буга чейин Москвада болгонуңду жазыптырсың. Дагы кайсы чет өлкөдө болгонсуң?

– Орусиядан башка чет өлкөгө чыгып көрө элекмин.

– Жеңүүчү 9 окуучу кышкы каникулда Малайзияга барып эс алып кайтат. Ал өлкө кайсы жакта жайгашканын, эмне болгон өлкө экенин билесиңби?

– Ооба, билем. Индонезия менен чектешкен Түштүк-Чыгыш Азиядагы өлкө. Борбор калаасы Куала-Лумпур шаары.

Элназардын кебин атасы Уланбек улантып, “бүгүн сынактын жыйынтыгы чыга турган күн” деп эртең менен май токоч бышырып, жубайы экөө “уулубуз жеңсе экен” деп тилек кылышканын билдирди.

Нарын облусунан жиберилген дил баяндардын арасында Ат-Башы районунун Дыйкан айылынан Болот Арналиевдин, Нарын районунун Учкун айылынан Алмаз Эшбаевдин, Нарын шаарынан Алишер кызы Нуржанаттын, Жумгал районунун Чаек айылынан Нурхан Буларбековдун дил баяндары да өзгөчө кызыгууну жана талкууну жараткан эмгектер болду.

Эсиңиздерге салсак, дил баяндар сынагына өлкөбүздүн жети дубанынын жана Ош менен Бишкек шаарларынын 12 жаштан 15 жашка чейинки окуучулары катышты.

Жеңүүчү деп табылган дил баянды сунуштайбыз (автордун стилистикалык жазуу өзгөчөлүгү өзгөртүлбөй берилди):

“Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм”

Кыргызстанда азыр жашоо жакшы деп эсептейм: согуш жок, элдин курсагы ток, кийими бүтүн, кафелерде күндө той дегендей. Ошону менен кошо элдин психологиясын, элдин түшүнүгүн, билим деңгээлин, мамлекетке болгон мамилесин да өнүктүрүш керек. Ошондо менин кыргыз элим, менин кыргыз жерим сөзсүз гүлдөп-өнүгөт. Мен ишенем!

Уланбек уулу Элназар, 14 жаштамын.

Кыргыз Эл баатыры Сооронбай Жусуев дүйнө салды

Бүгүн, Кыргыз эл баатыры, эл акыны Сооронбай Жусуев дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Сооронбай Жусуевдин 90 жылдыгы былтыр белгиленген. Ал 1925-жылы 15-майда Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жар айылында төрөлгөн. Мектепти бүткөндөн кийин аскерге кетип, Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияда 1943-1945-жылдары кызмат өтөгөн. Согушта эки жолу жарадар болгон. Сооронбай Жусуев улуттук адабиятта өз орду бар классик акын катары жогору бааланып, анын алгачкы “Эмгек күүсү” аттуу ыр жыйнагы 1950-жылы басмадан чыккан. Ошондой эле ыр менен жазылган “Курманжан датка”, “Исхак Раззаков” романдары жарыкка чыккан.

Мамлекеттик Токтогул атындагы сыйлыктынн ээси, эл акыны Сооронбай Жусуевдин 30дан ашык китеби кыргыз тилинде, 14 китеби орус тилинде жарык көргөн.

Кыргыз Эл баатыры, Токтогул сыйлыгынын ээси, залкар акын Сооронбай Жусуев 91 жаш курагында каза болду.

Акылбек менен Билимбектин кызыктуу окуялары. №1 Уюлдук байланыш кантип пайда болгон?

Биз «Кыргызстандагы №1-Банк» жогорку наамын бешинчи жолу катары менен алып жатабыз. Кыргызстандагы банк чөйрөсүндө лидер болуш жакшы салт жана «Оптима Банктын» туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн кошумча тастыктоо болуп калды,- деп «Оптима Банк» ААКсынын Башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Чыныбаева Алия Толюгеновна өз сөзүндө сыйлыкты баса белгилеп кетти. – Үстүбүздөгү жыл оӊой болгон жок, бирок абдан натыйжалуу болду. 2015-жылы «Оптима Банк» 2015-жылдын 1-октябрына карата рынок үлүшү менен негизги көрсөткүчтөр боюнча: активдер – 14%, насыялык портфель – 15%, кардардын депозиттик базасы – 20%, капитал – 12% жана таза киреше – 26% лидерлик позицияны ээледи.
Насыялоо жаатында 2015-жылы «Оптима Банк» жакшы натыйжаларга жетише алды. Ушул күздө «Оптима Банк» кичи жана орто бизнести жана ири корпоративдүү секторду насыялоо үчүн Европалык реконструкциялоо жана өнүгүү банкынан 33 миллион доллар алган. Бул макулдашууга кол коюу банкка болгон жогорку ишенимди күбөлөндүрөт. Бул болсо Кыргызстанда алдыӊкы, туруктуу өнүгүп жаткан банк катары анын абалын баса белгилеген дагы бир жакшы жышаандуу келишим. «Оптима Банкта» кичи жана орто бизнести насыялоо улуттук валютада каралган. Бул жергиликтүү бизнеске, өзгөчө кирешелерин кыргыз сомунда алган ишкерлер үчүн пайдалуу. Алар долларлык насыялар коштогон валюталык тобокелдиктерден арыла алышат. Кыргыз сомунда насыялоо – бүгүнкү күнү бизнесмендер үчүн, албетте, артыкчылыктуу. Анткени Кыргыз Республикасында сом ресурстарына жетүү жарым-жартылай чектелгендиктен банктардын баары теӊ эле улуттук валютада насыялоо мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес.
2015-жылы карталык бизнести өнүктүрүүгө жана «Оптима Банкта» накталай эмес төлөмдөрдү активдештирүүгө өзгөчө маани берилген. Эми бул багыттагы ишти банк жүзөгө ашыра алды деп айтсак болот. Абдан баалуу жана артыкчылыктуу UnionPay Diamond картасын камтуу менен UnionPay карталык продуктулар тилкеси ишке киргизилди. Кыргызстанда биринчи жолу UnionPay Diamond сый акы картасын «Оптима Банк» чыгарганы көрүнүктүү факт. Мындай картаны жергиликтүү рынокто бир дагы банк сунуш кылбайт.
Visa international төлөм тутуму менен биргелешип өткөрүлгөн ФОРСАЖ акциясын айтпай коюуга болбойт. Бул банкка карталардын эмиссиясын көбөйтүүгө гана мүмкүндүк бербестен, карта боюнча накталай эмес төлөмдөрдү бир кыйла активдештирүүгө мүмкүндүк берди. Албетте, Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2012-2017-жылдарга мамлекеттик программанын концепциясына туура келет.

ОПТИМА БАНК 2015-ЖЫЛЫ БЕШИНЧИ ЖОЛУ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ №1-БАНК БОЛУП ТАБЫЛДЫ

Ипотекалык насыяда бериле турган батирлер кандай шартта жүргүзүлөт?

11-февралдан баштап өкмөт ипотекалык насыяларды бере баштайт. Биринчилерден болуп мугалим, дарыгер жана социалдык кызматтагылар турак-жайга ээ болот. Ушул тапта жеңилдетилген насыяны алчу адамдардын тизмеси түзүлүп, коомдук талкуу жүрүп жатат.

Батир алууну каалаган жаран кандай аракеттерди көрүшү керек жана берилчү үйдү кантип тандайт?

БИЗНЕСМЕНДЕР САЯСАТЧЫЛАРДЫ ЖЕҢДИ

«ТИРҮҮЛӨР ГАНА ДОБУШ БЕРИШТИ»
Шайлоонун 8-октябрга карата болжолдуу жыйынтыгы боюнча, республикалык 7 пайыздык, аймактык 0,7 пайыздык босого чектен өткөн партиялар Жогорку Кеңештин VI чакырылышында алышы мүмкүн болгон мандаттардын саны жана алардын үгүт иштерине короткон чыгымы:

Шайлоого 1 миллион 589 миң 479 киши катышты. Шайлоочулардын ар бир үчүнчүсүн 20 жашка чыга электер түздү. Биометрикалык маалыматын 2 миллион 761 миң 297 киши тапшырган. Ошондо жалпы добуш берүүчүлөрдүн 58 пайызга жакыны гана атуулдук парзын аткарды. Буга байланыштуу өкмөт башчы Темир Сариев: «Добуш берүүгө келгендердин баары тирүү адамдар. Биз «карусель» дегенге каршы бөгөт коё алдык»,– деди. Жаңы тартипте биринчи жолу өткөрүлгөн шайлоодо техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам добуш бере албай калгандар болду.

ДЕЖАВЮ: КАЙТАЛАНГАН ОКУЯЛАР
2010-жылкы парламенттик шайлоодо КСДП марага экинчи болуп келсе, бул сапар президенттин партиясы биринчи болуп келди. Ал эле эмес мурдагы жеңүүчү «Ата Журтка» караганда позициясын кыйла бекемдеп, 38 мандатка ээ болду. Албетте, шайлоо жарышына аттанганда 40тан ашуун мандатка, тагыраагы, депутаттык корпустун үчтөн бир бөлүгүнө ээ болууну көздөшкөн эле. Ал максатка бир кадам жетпей калышты. Демек, Акаевдин «Алга, Кыргызстаны» менен Бакиевдин «Ак жол» партиясы шайлоолордо депутаттык корпустун дээрлик бардык креслосун ээлегендей абсурд көрүнүштөр артта калды.
5 жыл мурун биринчи жана төртүнчү болуп келген «Ата Журт» менен «Республика» бул жолу бир жакадан баш чыгарышканы аларга экинчи орунду камсыз кылды. Өмүрбек Бабанов премьерликтен кеткенден кийинки 3 жылын текке кетирбегени көрүнүп турат.
«Кыргызстан», «Өнүгүү-Прогресс» жана «Бир болго» келсек, жаңыдан пайда болуп, тажрыйбалуу партиялар менен үзөңгү талаша Жогорку Кеңешке жетишти. Сюрприз жараткан бул үчилтикти дагы эмне бириктирип турат? «Кыргызстандын» демөөрчүсү болбосо да, бетке кармар лидери Канатбек Исаев, «Өнүгүү-Прогресс» жана «Бир болдун» эки чылбырды бирдей кармаган башчылары Бакыт Төрөбаев менен Алтынбек Сулайманов 2010-жылы «Республиканын» катарында депутат болуп шайланышкан. Аталган 3 партиянын курамы көбүрөөк ишкерлерден турганы идеологиялык негизде түптөлгөн саясий партия эмес, бизнес-шериктештик деп атоого жем таштайт. Дал ушул 3 партиянын жеңишинен улам да жаңы парламент «Олигархтардын Жогорку Кеңеши» атала баштады.
«Ата Мекен» талапкерлер тизмесин Мелис Мырзакматов, Аида Салянова, Садык Шер-Нияз жана башка таанымал жүздөр менен толуктап, үгүт кампаниясына бир топ каражат сарптаганына карабай бул сапар да марага соңку болуп келди. Өмүрбек Текебаевден тышкары Адахан Мадумаров да 5 жыл мурунку кейипте. Ал бул жолу айтылуу ишкер Аскар Салымбеков менен бириккенине карабай «Бүтүн Кыргызстан-Эмгек» партиясы 7 пайыздык босого чекти багынта албай турат. 2010-жылы Мадумаровго депутат болууга 0,1 пайыз жетпей калган эле.

«ТАЗА ШАЙЛОО ӨТКӨРҮҮ МЕНИН КЫЯЛЫМ БОЛЧУ»
Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев добуш берүүдөн кийин: «Таза шайлоо өткөрүү менин кыялым болчу жана ал орундалды. Кимге жана кандай добуш берүү – бул эми сиздердин укугуңуздар. Добуштарды так эсептеп чыгууну бийлик камсыздайт»,– деди.
КСДПнын жалпы шайлоочулардын 27,4 пайыздык колдоосуна ээ болгонуна көңүл бурсак, демек, калган 72,6 пайыз добуштар башка партияларга берилди. Мындай көрүнүш Кыргызстанда тандоо эркиндиги бардыгын көрсөтөт.

КСДП ПРЕЗИДЕНТКЕ ТИРЕК БОЛО АЛАБЫ?
Электен өткөн 6 партия КСДПга ар кандай комбинация түзүүгө кенен жол ачып берет. Коалицияны куроо ишеними президент тарабынан КСДПга берилери күмөн жаратпайт.
Чү дегенде эле КСДП жыл башынан бери сөз болуп келе жаткан «президенттик партиянын клондору» атыккан партиялар менен коалиция курат дешүүдө. Алар – «Кыргызстан», «Бир бол» жана «Өнүгүү-Прогресс». КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбеков: «Жогорку Кеңешке идеялык жактан жакын партиялар өтүп жатат»,- деди. Идеялык жактан жакын деп кимди айтып жатканын коалиция куралганда көрүнөт. «Республика-Ата Журт» да коалицияны түзүүдө вариант катары каралып жатат. Ал эми «Ата Мекенди» жакынкы 5 жылда оппозиция болот деп бүтүм чыгарып койгондор көп.
Парламенттик шайлоо 2 жылдан кийин өтүүчү президенттик шайлоого старт берди. Ал убакыт ичинде Улуттук стратегиялык өнүгүү долбоору, «Кумтөр», Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, соттук реформа жана башка толгон-токой маанилүү маселелерди чечүү керек. КСДП мына ушул иштерди жүзөгө ашырууда парламенттин ичинде президентке бекем тыл болуп берүүсү зарыл. Анткени эл «президентти колдойлу» деген чакырыктын негизинде дал ушул партияга ишеним артты.

КИМДЕР КЕТТИ? КИМДЕР КЕЛЕТ?
Болжолдуу жыйынтыктын негизинде жаңы депутаттардын катарында кимдер болбойт, көрүнүктүүлөрүнө көз жүгүртсөк. Бөдөш Мамырова, Исмаил Исаков, Жылдызкан Жолдошова, Карганбек Самаков, Өмүрбек Абдырахманов, Равшан Жээнбеков, Турсунбай Бакир уулу, Феликс Кулов жана башкалар.
Жаңы депутаттарга келсек, азыркы тапта жеңишке жетишкен партиялардын штабдары талаш-тартыштын чордонуна айланып, парламентке ким келет да, ким тизмеден чыгат деген маселеге баш оорутуп жаткан убагы. Партиялардын “жазылбаган” мыйзамына ылайык, бөлүнгөн аймагынан көп добуш алган талапкер гана депутат болуп келет. БШК талапкер катары каттоодон баш тарткан Мелис Мырзакматовдун мисалында карап көрөлү. Ал талапкер бойдон калса, шайлоонун жыйынтыгы боюнча «Ата Мекен» ага мандатты карматпай коюшу мүмкүн эле. Ош шаары боюнча «Ата Мекен» 4328 добуш, ал эми КСДП 29 413 добуш алган. Айырма 6 эсеге чейин көптүк кылат. Андыктан БШКга жакында тизмедеги ордун кийинкиге бошотуп берүү үчүн талапкерлердин арыздары жаап баштаары күтүлүүдө.

Туристтерди тарткан көчмөндөр оюндары

Дүйнөлүк көчмөндөр оюну старт алды. Бул жумада борбор калаада салтанаттуу ачылыш аземи өтүп анда көчмөндөр оюнун өткөрүү концепциясы жарыяланды.
Былтыркы, Ысык-Көл жээгинде биринчи өткөрүлгөн дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүнү президент Алмазбек Атамбаев сунуш кылган.

Идеяны түрк тилдүү өлкөлөрдүн кызматташуу кеңешинин мүчөлөрүнүн бардыгы колдошкон.
2016 жылдын 9-сентябрында Ысык-Көлдө өтө турган оюндарга даярдыктар

Бажы кызматындагы коррупцияга каршы күрөш күчөтүлөт

Мамлекеттик Бажы кызматы Экономика министрлиги менен биргеликте жаңы базарларды таап, айрым өлкөлөр менен кызматташууга жолдорду издеши керек. Мындай талапты  өкмөт башчы Темир Сариев, мекеменин коллегиялык жыйынында койду. Премьер буга мисал катары Иранды келтирип, алар санкциялар алынгандан кийин эл аралык денгээлде жаңы багытта иш алып барууга кызыктарлыгын эске салды.

Мамлекеттик Бажы кызматынын жыл жыйынтыгы боюнча берген маалыматына ылайык, 2015-жылы Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында  белгиленген 1 млрд 600 млн сом түшпөй калган. Бирок ага карабастан  үчүнчү өлкөлөрдөн келген кыйыр салык менен план  ашыгы менен аткарылганын Бажы кызматынын төрагасы Адамкул Жунусов билдирди. Анын айтымында,быйыл Темир жол бажысында айрым себептерден улам көрсөткүчтөр төмөн болгон.

Өкмөт башчы Темир Сариев 2015-жылдын жыйынтыгын чыгарган Бажы кызматынын коллегиялык жыйынында, бажы кызматкерлерине жаңы багыттарды ачып, айрыкча Иран менен болгон кызматташуу жолдорун издөөнү тапшырды. Мындан сырткары Бажы кызматындагы коррупциялык көрүнүштөр менен күрөштү күчөтүп,  автоматташырууну толугу менен бүткөрүп, ачык-айкындыкты камсыз кылуу талабы коюлду.

Бишкек шаары боюнча Малайзияга жолдомону 10-класста окуган Айжамал Марипова утту

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги өлкөбүздөгү алдынкы ЖМКлар менен биргеликте уюштурган “Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм” аттуу дил баяндар сынагынын Бишкек шаары боюнча жеңүүчүсү 10-класстын окуучусу Айжамал Марипова болду.

Айжамал Марипова Бишкек шаарындагы №61-мектеп-лицейинде окуйт. Сынакты Бишкек шаары боюнча “Вечерний Бишкек” гезити жүргүзүп, аталган окуучунун эмгеги 150дөй дил баяндын ичинен мыктысы деп табылды. Айжамал окуу менен биргеликте тил үйрөтүүчү курстарга барып, бийге катышып, фортепианодо ойноону үйрөнүүдө. Сынак тууралуу Айжамал жогорку класстын окуучуларынан угуп, катышып көрүүнү чечкенин айтат. “Сынакка катышып, өзүмдү сынап көргүм келди. Башынан эле жеңүүчү болууга өзүмдү даярдагам”,-деп билдирди жеңүүчү.

Айжамал келечекте кайсы кесиптин ээси болорун тандай электигин айтат. “Мен өзүмдү көргүм келген төрт кесип бар. Музыкант болууну ойлонуп, кийин бул оюмдан кайткам, анткени биздин өлкөдө музыканттарды баалашпайт. Музыка менен алектенсем, анда муну өзүм үчүн гана жасайм жана негизги жумушум менен айкалыштырам.

Программист – келечектин кесиби, азыр технология өнүгүп жатат. Балким, атамдын жолун жолдоп финансы тармагын тандайм. Мүмкүн, журналист болом, бул кесип дагы кызыктуу. Маалыматты биринчи угуп, жаратып, анан башкалар менен бөлүшөсүң. Кесип тандоодогу акыркы чечимди 11-класста, жогорку окуу жайга тапшырарга жакын кабыл алууну пландап жатам”,- дейт Айжамал.

Сариев үшүктөн колу-бутунан айрылган 8 жаштагы Ырыскелдиге акчалай жардам көргөзөт

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев буту-колун үшүккө алдырган 8 жашар Ырыскелди Зарлыковго 100 миң сом бөлөт. Бул тууралуу “Кабарларга” Өкмөттүн басма-сөз кызматынан кабарлашты.

Каражат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан бөлүнөт.

Мындан тышкары, Премьер-министр Темир Сариев Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге Ырыскелди Зарлыковго тийиштүү медициналык көмөк көрсөтүү маселесин жеке көзөмөлүнө алууну тапшырды.

Мындан мурда жалпыга маалымдоо каражаттарында буту-колун үшүккө алдырган 8 жашар Ырыскелди Зарлыков тууралуу материалдар жарыяланган.

Учурда баланын дарыланышына жана ден-соолугун калыбына келтирүүгө көмөк керек болууда.

Эскертсек, аталган кырсык 2013-жылдын 9-январында Нарын облусунун Ак-Моюн айылында орун алган. Пенсионер карыя жана анын 5 жашар небереси малды карап келүү максатында чыгышкан, бирок алар катуу суукка жана калың түшкөн карга байланыштуу көздөгөн жерге жете алган эмес. Карыя небересин жылытуу үчүн аны денеси менен жаап, коргоп калууга аракет кылган, бирок өзү көз жумган. Бала тирүү калганы менен анын буту-колун үшүк алып, натыйжада, колу-бутунан ажыраган.

Камсыздандырылбаган унааларга 1-марттан тарта айып пул салынат

Унаасын камсыздандырбаган жарандарга биринчи марттан тарта айып пул салына баштайт. Бирок ага чейин айдоочулар милдеттүү камсыздандыруудан толук өтөөрү шек жаратууда. Белгилей кетсек, “Унааларды милдетүү түрдө камсыздандыруу” боюнча мыйзам 7-февралда күчүнө кирет.

Ага ылайык, ар бир унаа ээси камсыздандыруу үчүн, орто эсеп менен жылына 2200 сом төлөйт. Камсыздандыруу компаниялары, эгер унаа жол кырсыгына кабылса анын ээсине чыгымдарды төлөп берүүгө милдеттүү.

Полная версия задержания олимпийского призера Р.Тюменбаева за драку

В ночь с 20 на 21 января 2016 года при проведении рейдовых мероприятий сотрудники столичной милиции задержали спортсмена Руслана Тюменбаева.

По данным Бишкекского ГУВД, Р.Тюменбаев в состоянии алкогольного опьянения угрожал милиционерам пистолетом, на который у него не было разрешительных документов.

Суд Октябрьского района под председательством судьи Аманбека Сариева 22 января рассмотрел законность задержания олимпийского призера сотрудниками правоохранительных органов. Р.Тюменбаев был отпущен из зала суда под подписку о невыезде.

В телепрограмме «Кайгуул», вышедшей в эфир 26 января, рассказывалось о задержании олимпийского призера Руслана Тюменбаева за драку с сотрудниками ДПС.

Кыргызстан 2020-жылы органикалык жер семирткичтерге бай болот

Кыргыз Республикасы 2020-жылы органикалык жер семирткичтерге бай болот. Мына ушул багытта жооптуу милдет аркалаган “БИОkg” федерациясы өлкөнүн ар бир облусуна органикалык аймак ачууга жетишти. Андагы дыйкан-фермерлер химиялык жер семирткичтерди пайдаланбай, органикалык ыкма менен таза түшүм алууга жетишүүдө. Муну менен азык түлүк коопсуздугун камсыз болуп,  адамзатынын ден соолугуна камкордук көрүлүүдө.

Азыр Ош облусунун дыйкандары химиялык жер семирткичтерди пайдаланбай калганын облустагы “Биофабриканын” өкүлү Расул Ташов кабарлады. Анткени, азыркы рынок шартында алар жерди туура иштетүүдөн эрте чыгарып, асылдуулугун жоготуп коюу коркунучун жаратууда. Ошондуктан биоорганикалык жер семирткичтерди кеңири колдоно баштаганына токтолду.                                    Ар кандай химиялык жер семирткичтер жерди арыктатып, адамдын ден соолугуна зыян келтирген жашылча-жемиштердин сатыкка чыгышуна өбөлгө болууда. Мындай мөмө-жемиштерден жасалган консервациялынган азыктар ар кыл илдеттерди пайда кылууда. Ошондуктан мындан шартта био органикалык жер семирткичтерди пайдалануу өлкө аймагында таза жана сапаттуу түшүм алууга шарт түзүп жатканын “БИОkg” федерациясынын жетекчиси Искендербек Айдаралиев ачыктады.                                                                                                                                            Био органикалык азыктар эч кандай бузулууга жол бербейт. Ошондуктан бул багытта иш алып баруу дыйкан-фермерлерге акыбет алып келерин адистер белгилешет. Экинчиден мындай таза жана сапаттуу айыл чарба азыктарына сырттан кызыгуулар жок эмес экенин эске салышат.

Бишкекте 143 KG үлгүсүндөгү унаа номурлары жок кылынды

Бишкекте бүгүн, 3-февралда депутаттардын жана өкмөт мүчөлөрүнүн эски унаа номурлары жок кылынды. Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев журналисттерге билдиргендей, бүгүн баш аягы болуп 143 KG үлгүсүндөгү унаа номурлары жок кылынат.

“Бүгүн 23 үч номурлуу жана министрлер колдонгон 120 төрт номурлуу унаалардын номурлары жок кылынды. Андан сырткары, президенттин аппаратынын 20 номуру жок кылынат”,-деди Сарпашев.

Маалыматка ылайык, бардык номурлар жок кылынат.

ММК жетекчиси кошумчалагандай, президенттин унаасынын номуру өлкө символу катары сакталып калат.

Бир апта ичинде америка доллары бир сомго арзандады

Бир апта ичинде америка доллары бир сомго арзандады. Бүгүнкү күндө акча алмаштыруучу жайлар жана коммерциялык банктар долларды 74 сом 56 тыйындан сатып алып, 74 сом 74 тыйындан сатууда. Акыркы эки айда АКШ акчасы 75,5 жана 76 сом денгээлинде кармалып турган. Учурда бул көрүнүштөн улам рубль менен теңге кымбаттай баштады. Акча алмаштыруучу жайлар 1 рублди 95 – 97 тыйындан сатып алып, элге 1 сомдон сатып жатат. Жыл башынан бери улуттук банк сомду колдоо максатында 64 миллион доллардан ашык каражатты интервенция жасады.

Спорттук иш- чараларды өткөрүүдө мамлекеттик гимнди уктуруу милдеттендирилүүдө

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин кечээги, 1-февралдагы жыйынында “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына сунушталып жаткантолуктоолор менен өзгөртүүлөр экинчи окууда каралды.

Сунушталган мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жана башка мамлекеттик органдардын укуктук статусун, иш-милдеттерин жана ыйгарым укуктарын аныктаган жоболорду “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамдан алып салуу сунушталууда. Мында айрым министрликтер менен ведомстволорго жүктөлгөн иш- милдеттер эми Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өткөрүлөт.

Мыйзам долбоорунда жаңы ченем киргизилген, ага ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында өткөн Кыргыз Республикасынын чемпионаттарын, биринчиликтерин жана спартакиадаларын ачуунун салтанаттуу аземин өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнин гана уктуруу милдеттүү атрибут болуп саналат,- деп көрсөтүлгөн. Бул багытта депутат Тазабек Икрамов гимн ырдалып жатканда анын бир гана куплети аткарылбастан, толугу менен ырдалышы шарт деген пикирин билдирди.

Күнүнө 30миң сомго чукул пайда түшкөн Чыйырчык эс алуу базасы талашка түштү (ВИДЕО)

Чыйырчык эс алуу базасы  көп убакыттан бери  талашка түшүп келет. Буга чеийн Чыйырчык эс алуу базасы Алай районуна  карайт деп айтылып келген. Бирок Чыйырчык эс алуу жайы Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө документтик негизде өткөрүлүп берилген. Бүгүнкү күндө аталган жерди  Ак элечек аялдар коомдук фонду  ижарага алып иштетип келишет.Бирок Чыйырчык эс алуу базасын белгисиз эле жарандар бир бөлүгүн ээлеп алышкан, алардын айтымында бул жерди Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнөн ижара төлөп алышкан.

Жогоруда айтылгандай Ак элечек аялдар коомдук фонду  аталган жерди 49 жылга ижарага алып иштетип жүрүшкөн.Бул маселе райондор аралык сотунда каралуу алдында турат.

Источник: bashattv.kg

Ош. 5 студентке бир жылга 1200 доллардан стипендия каралды

Ош мамлекеттик университетинде 4 жылдан бери студенттерди талыкпай билим алууга, эмгекчил болууга, максаттарын турмушка ашырууга өзгөчө стимул боло турган “Атуулдук стипендия” берилип келет. Быйыл бул акчалай сыйлык 21-декабрда тапшырылды. Бул тууралуу окуу жайдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 3 ай ичинде комиссия жобонун негизинде документ тапшырган 22 талапкердин арасынан эң мыкты окуган, жөндөмдүү, чыгармачыл, таланттуу, идеяларга бай 5 студентти тандап алган. Эми алар айына 100 доллардан, жылына 1200 долларлык стипендияга ээ болушту. Жалпысынан бир жылда 5 студент 6 миң долларлык стипендия алышып, өзүн өзү өнүктүрүүгө, чыгармачылык ишмердүүлүктөрүнө, алгачкы максаттарын турмушка ашырууга жумшашат.

Быйылкы стипендияга математика жана информациялык технологиялар факультетинин 4-курсунун студенти Асан уулу Нурмухамед, медицина факультетинин 4-курсунун студенти Максатбек Гүлжигитов, бизнес жана менеджмент факультетинин 4-курсунун студенти Базарбай кызы Айжамал, юридика факультетинин 5-курсунун студенти Сапарали Патаев, искусство факультетинин 2-курсунун студентиАйтурган Турдубаева ээ болушту.

Департамент лекарственного обеспечения не обнаружил фальсифицированные лекарства в аптеке «Сан и Сем» в городе Ош

Департамент лекарственного обеспечения и медицинской техники при Министерстве здравоохранения (ДЛОиМТ) не обнаружил фальсифицированные лекарственные средства в аптеке ОсОО «Сан и Сем» в городе Ош. Об этом 6 августа сообщает главный специалист департамента К.Исманова.

По ее данным, на основании предписания от Южного межрегионального управления Министерства экономики департамент провел проверку аптеки №724 ОсОО «Сан и Сем», находящейся по адресу город Ош, ул. Райымбекова (Зайнабетдинова), 56.

«Во время проверки не были обнаружены фальсифицированные лекарственные средства и лекарственные средства по линии гуманитарной помощи, тем самым Департамент лекарственного обеспечения опровергает информацию, опубликованную на сайте АКИpress «Репортер» от 3 августа 2015 года», – говорится в сообщении департамента.

Курулуш чыгымдары кайсы валютада?

Батирлерди сатууну толук улуттук валютага өткөрүү үчүн комплекстүү иш-аракеттер жасалышы керек. Мындай оюн бүгүн монополияга каршы агенттиги өткөргөн тегерек үстөлдө курулуш компаниялардын өкүлдөрү айтышты.

Куруучулар билдиргендей ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген курулуш материалдардын айрымдары дагы деле доллар менен бааланып жатат.

Меню