Menu

Арызбек Кожошев, КРнын экономика министри: “Мегакомду” убагында сатпасак кийин жогоруда мен айтып кеткен “пейджер” “кател” компаниялардын кебетесин кийип калышы мүмкүн”

-Арзыбек Орозбекович,  мегакомдун сатылышы  чуулгандуу окуя болуп кетпейби?

-“Мегакомдун” 100% акциясы мамлекеттин эсебине өткөн. Бирок  анын  айланасында  дагы бир эки маселе бар. Биринчиден сот иштери бүтө элек. Эл аралык  сотко чыгып калышы мүмкүн. Эгер эл аралык сотко чыгып калса  73 миллион доллар төлөп беришибиз керек болуп калат. Телекомуникация, өзгөчө мобилдик байланыш  тармагы абдан атаандаштыкты талап кылган жай. Мобилдик оператордукту учурда “Мегаком”, “билайн”, “ошка”  тейлеп жатат.  Учурда булардын арасында конкуренция  бар.

-Мамлекет  үчүн  “Мегаком” кирешелүү мекеме экени белгилүү. Мамлекетибизге  миллиондогон киреше берген  ишкананы сатыкка чыгаруунун  түпкү мааниси эмнеде?

-Туура, мамлекет  өзүнүн  акча түшүп жаткан тармагын саттуу алдында  турат. Ошондуктан көбү каршы болуп жатат. биздин эсебибиз боюнча  дагы үч төрт жылдан кийин өзүнүн  салмагын жоготот.  Учурда  мобилдик байланыштардан дагы  башка нерселер  чыгып кетти. Мисалы “Вайбер”, “вотсап”,  “скайп” деген нерселер чыгып кетти. Элдер азыр толугу менен ошол  арзан  кызматтарды  пайдаланып  жатышканы маалым. Мобилдик  компаниялардын билдиргенине караганда  жакынкы арада  алар 50% кирешесин жоготуп алышат.

-Мисал келтире кетсеңиз?

-Эсиңиздерде болуш керек,  “пейджер” деген байланыш  чыккан.  Азыр ал жок болуп кетти. “Кател”  дагы өзүнүн  рынок шартында жашап кала алышкан жок. Эгер биз мегакомду кармап тура берсек ушундай шарттарга келип калышы мүмкүн. Ошондуктан  өкмөт муну саталы деп чечти.  Бүгүнкү күндө биз  мегакомдун баасын 306 миллион доллар турат  деп эсептеп чыктык. Же  сомго алмаштырганда 19 миллиард сом болуп калат.  Мындан кем сатылбайт Бул “мегакомдун” баштапкы баасы.  Мындан даагы баалар көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Эгер  “Мегакомду” убагында  сатпасак кийин жогоруда мен айтып кеткен “пейджер” “кател” компаниялардын кебетесин кийип калышы мүмкүн. Ушуну эл түшүнүшү зарыл.  Кемчиликтер бар, азыр аны мойнубузга алабыз.

-Турцияга болгон  сапарыңызга токтоло кетсеңиз?

-Ал жакта кыргыз түрк ишкерлеринин бизнес форуму болду. Кыргызстандан да барышты. Мен буга чейин  мындай ишкерлердин чогулганын көрө элек болчумун. Орто жана кичи, чоң бизнестегилер да барышты. Евразия биримдигине киргенибизге байланыштуу биздин базарыбыз алты миллиондон 180 миллионго чейин көтөрүлдү. Кыргызстанда  300гө жакын биргелешкен кыргыз түрк ишканалары бар.  Барган ишкерлер эң негизгиси өнөр жай, кайра өндүрүүчү тармагы,  эмерек чыгаруучулар   келишим түзүштү. Мен экономика министри катары   түрктөрдүн өнүктүрүү министри жана бажы жана өнүктүрүү министри менен жолуктум. Биздин  мурдатан калыптанып келген достугубузду дагы улантабыз  жана ишкердикти кеңейтебиз деген чечимге келдик.  Кыргызстанда   ишкердик үчүн  эң жеңил шарттар  бар экенин айттым. Буйруса май, июнь айларында алар Кыргызстанга келишет, ошондо дагы сүйлөшөбүз.

Маектешкен Баян Кулова

Булак: “Жаңы ордо”

Түгөлбай Казаков, коомдук ишмер: «Биз эмне Юлий Цезардын тукуму белек?»

Кийинки кездерде жалпы окурмандардын талкуусуна алып чыгайын деген ойлорум бар эле. Алардын бири — биз колдонуп жүргөн ай аттары. Кыргыздын өз табийатына жуурулушкан ай аттары бар. Орустар келгенге чейин колдонулган. Совет доорунда бала бакчадан баштап окуу жайларда, ишкана-мекемелерде, айтор эл чарбасынын бардык тармактарында январдан декабрга чейин кулака куйулуп турду. Эми эгемен кыргыздар ошол 75 жыл бойу колдонуп келген ай аттарынын маанисин билебизби? Биз кимдердин этегине тооп кылып, кимдердин аттарын ыйыктап оозубуздан түшүрбөй жүргөнүбүздү карап көрөлү. Мен Москвадан чыккан орус тилинин этимологиялык сөздүктөрүнө тайанып айтайын.

Январь — бул сөз 11-кылымда орустарга гректерден, аларга латындан келген. Латынча күндүн кудайы — Янус дегенден алынган . Кыргыздар ай-күнгө, сууга-сүйүүгө дегендей өз-өзүнчө кудайларды шайлаган эмес. Жараткан бирөө деп жашаган. Азыр бүт дүйнөдөгү  диндер ушул түшүнүккө келген жокпу? Келди. Алладан башка Алла жок, (нет Бога кроме Бога) Кудайдан башка Кудай жок деп отурушат. А биз календарь чыгарсак эле кайдагы бир Янустан баштайбыз.

Февраль — орустарга 12- кылымда латынчадан келген. Тазалануу айы дегенди түшүндүрөт. Февралда тазаланып жүргөн орусту же кыргызды көргөн киши барбы?

Март — орустарга 13-кылымда гректердин мартиос деген сөзүнөн, аларга латынчамартиус дегенден келген. Сөздүктө сөз мааниси берилген эмес. Бул сөздүн маанисин түшүнбөй эле жазып да, айтып да келдик.

Апрель — 11-кылымда келген. Латынча априлус. Ал — күн жылыды дегенди билдирет.

Май — 18-кылымда келген. Латынча жаз кудайын майя дейт. Бул ошондон.

Июнь — 9-10-кылымда келген. Латынчасы Юниус. Ал Юния деген колбашчынын атынан койулган. Анын кыргыздарга кандай тиешеси бар?

Июль — 9-10- кылымда келген. Латынчасы Юлиус. Бул ай Юлий Цезардын айы деп эсептелген. Бул ай Цезардын менчик айы экенин ар бирибиз какшап кайталап келатабыз.

Август — гректерден, аларга латындан келген. Рим императору Августтун атынан койулган. Качанкы бир кайнаса каны кошулбаган императордун атын айтып да жазып да келатабыз.

Сентябрь — 11-кылымда келген. Латынча септембер. Септем -жети дегенди билдирет. Байыркы Рим календарында бул ай жылдын жетинчи айы болуп эсептелген. Бул өтө кызык маалымат.

Байыркы кыргыздар жылсанакты март айынан баштаганын азыр баары эле билсе керек. Ошондо биздин жылсанак бойунча да сентябрь жетинчи ай болуп атпайбы! Бул антикыргыздар айткандай жөн эле дал келүүбү?

Октябрь — латынча сегизинчи дегенди билдирет.

Ноябрь — 11-13-кылымда келген. Латынча тогузунчу дегенди билдирет.

Декабрь — латынча он дегенди билдирет.

Христиан динин туткан өлкөлөрдүн дээрлик бардыгында ай аттары ушундай. Алардын го дини менен континенти бир экен. Ал эми Азияда жаткан бизге эмне жок?!

Европалыктар жалаң эле ай аттары эмес, башка да көп жагдайларда орток дөөлөттөрдү түзүп алган эл. Ал эми түрк дүйнөсүндөгү ай аттарын айдасаң да жакындабайт.

Март айын алып көрөлү: Кыргызча — Жалган куран Түркчө — Март Казакча — Науруз өзбекче — Хамал Сахача — Кулун тутар ай Төбөче (Тува) — үч ай Крым татарча — Сабан (соко) айы

Эркиндик алгандан кийин кошуналар ай аттарын мурдагы калыбына келтиришти. Биз — кыргыздар Юлий Цезарь менен Юниянын тукумунан бетер алардын аттарына намаз окуп отурабыз.

Айлардын кыргызча аталыштары сунуш кылынганда көпчүлүк көнүп калгандан чыккысы келбей, адатынча ар бир өзгөрүшкө билип-билбей каршы чыкмайы кармап (бекер менен оңойго ыктаган эл ушундай болот тура), экинчиден аталыштардын маанисин түшүнбөй  (тагыраагы түшүнгүсү келбей), андан улам кулагына кирбей жерип туруп алды.

Кошуналарда улуттук ан-сезим мурдараак ойгонгон экен, бизге окшоп кыжыңдап отурбай эле өз тилине которуп алышты. Кошуна демекчи, өзбектерде айлардын өзбекче аталышы жок. Алардыкы январь, февраль деп жөнөйт, же фарс-араб тилинде хамал, жавз, саратон деп кетет.

Фарс-арабчасында жыл март айынан башталат. Башкача айтканда байыркы көчмөндөрдүн айсанагына өтүшкөн. Анда айлар 1инен башталбай, 21инен башталат. Мисалы, азыркыча айтканда 21-марттан 21-апрелге чейин биринчи ай — хамал.

Эгемендик «эски досторго» жөн келген жок. Куудулдар чыкты. Мисалы, Туркменстандын  мурдагы президенти Ниязов өзүнө Туркменбашы деген титул таап эле тим калбай, атын көзү көргөн жердин баарына койдуруп, ага да ыраазы болбой январга өзүнүн, апрелге энесинин, сентябрга китебинин атын койдуруп салган.

Төбөлөр (тува) айларга ат койгон эмес. Алар бир ай, эки ай, уч ай деп эле катарынан санап койушкан. Эми биз эмне кылышыбыз керек? Ай аттарына келгенде христиан дининде кала беребизби? Же христиандан качабыз деп арабчага кирип кетебизби ( ошондой да куудулдугубуз бар эмеспи)?

Кыргызча ай аттары кыжыйып эле эсибизге кирбей жатса, алардын себептери анча ынандырбай турса, анда башка жолун издеп көрбөйлүбү. Бул айдын аты сөзсүз эле текенин же кулжанын күүлөгөнүнө байланыш керек деген темирдей бекем эреже болбосо керек. Төбөлөр (тува) ат койуп отурбай эле катарынан санап жүрөт го. Бул бойунча окурмандардын ойу өтө маанилүү.

Ай аттары бойунча өз сунуштарым бар. Бирок аны окурмандарга тануулагансыбай, ойлорун уккандан кийин айтсам дейм.

Жети күндүн аттары. Биз колдонуп жүргөнү фарсча экен. Бу аталыштар эмнени түшүндүрөт? Кызыккан киши барбы?

Дүйшөмбү — фарсча ду шамба (ду — эки) Эки ишемби болот.

Шейшемби — үч ишемби.

Шаршемби — төрт ишемби.

Бейшемби — беш ишемби.

Жума — жыйын күнү. Ошондуктан намаз ушу күнгө койулган.

Ишемби — шамба

Жекшемби — бир ишемби. Эмне түшүндүңүз? Менимче илгери демалыш күнүн шамба деп, андан кийинкилерин шамбадан кийинки биринчи күн, экинчи күн ж.б. деген маанини берели дешсе керек. Антип кыйналып отурбай,  күндөрдү азыр өзүбүз айтып жүргөндөй эле катарынан айтсак эмне болот? Биринчи күн, экинчи күн деп келип, жетинчисин дем алыш деп календарга киргизбейлиби. Гениалдуу нерсе жөнөкөй болот дешет. Айтканда өз тилибизде, жөнөкөй, түшүнүктүү айтабыз да, жазганга келгенде жогоруда айтылган фарсы тилиндеги башы колтугунан чыккан аталыштарды календарга киргизебиз. Кандай дейсиздер?

Эгер туура эмес айтып жатсам менден акылдуулар бар, ондоп койушса андан жакшы.

Окугандардын баарына амандык каалап Түгөлбай КАЗАКОВ

Булак: “Эл деми”

Кайып Шери, Апрель Баатыры: "Сегизбаев мени издесе атамдын үңкүрүнө келсин! Атамбаев Койташ тарапта 5 гектар жерге Чынгызхандын “Алтын Ордосундай” кылып Атамбаевдин “Алтын резиденциясын” салдырып жатат"

– Сиз кимсиз? Бүгүн элди ушул суроо кызыктырып турат?
– Мен мекенчил, прогрессивдүү идеяларды колдогон 6 миллион кыргызстандык жарандардын биримин десем жанылбайм. Биз мекенчил прогрессивдүү жаштарды, күчтөрдү колдойбуз. Өлкөбүздүн өнүгүп өсүшүн, элибиздин бакубат жашоосун каалайбыз жана ошол үчүн күрөшүп, жан тартып келебиз!
Сиз мамлекетик коопсуздук кызматынынын жетекчилерин катуу сынга алдыңыз, азыр да ал пикириңизди алмаштырган жоксузбу?
– Ооба. Мен пикиримди алмаштырган жокмун. Себеби, мени ынандыра турган башка пикир айтылган жок. Мен көп сөз кылбай, өз баамдоолорумду гана ортого салдым. Бирок, мындан да бир топ күмөн туудуруп келген сөздөрдү уккам. Бирок, баарын эле айтып элди кыжалат кылгым келбейт. Акыйкат үчүн гана, анча- мынчасын айттым.
– Өлкөнүн УКМК жетекчисине каршы пикир айтыш өтө коркунучтуу эмеспи. Бирок, айрым инсандар ушундай чууларды көтөрүп, чет өлкөдөн башпаанек табып алууну көздөшөт. Анын сыңарындай сиз да ушул максатты көздөп, Атамбаев менен Сегизбаевге атайылап тил кайрап жаткан жоксузбу? Сегизбаевге тийишип коюп, качып кетпейсизби?
– Мен анчейин деле, чоң бир нерсени айткан жокмун. Болгонун болгондой, өз пикиримди айтып койдум. Менде өлкөдөн чыгып кетейин деп, башпаанек издөө максаты жок. Мен эч кайда качпайм. Ата-бабам 1916- жылы кыргын болуп жатканда да далысын салып качкан эмес. Атам ак орусунун, кызыл орусунун да куугунтугун көргөн. Ошол жылы атамдын 14 уулу өлгөн. Ошондой болсо да, туулган жерин, мекенин таштап кеткен эмес. Көп жылдык өмүрүн бала-бакырасы менен аска-зоодо, үңкүрдө өткөргөн. Азыр да Шеринин үңкүрү деген жер бар. Менин Кыргызстанда 5 сотых да жерим жок. Бишкекте баш калкалаар да жайым жок. Революцияны биздей балдар, ошол лидерлерге ишенип жасаган да. Мына Атамбаев Койташ тарапта 5 гектар жерге Чынгызхандын “Алтын Ордосундай” кылып “Алтын резиденция” салдырып жатат деп угуп жатабыз. Менде болгону биздин урук ата-бабам, таяке-тайым жайлаган тоо таштын арасындагы ошолордун аты калган үңкүрлөр бар десем болот. Сегизбаев издесе, чет өлкөлөрдөн издеп, убара болбой эле, ошол жактан издесе болот. Издеп келсе, дасторкон жайып тосуп алам.
Булак: Кyrgyztoday.kg

Украина потребовала от Монголии компенсации за нашествие хана Батыя

Хан Батый на троне Золотой Орды

В посольстве Монголии потвердили требование Киевом компенсации за Батыя.

В мае минувшего года СМИ сообщали, что украинская сторона потребовала от Монголии компенсации за нашествие хана Батыя.

УЛАН-БАТОР, 1 Марта 2016, 02:54 — REGNUM  Пресс-атташе посольства Монголии в России Лхагвасурэн Намсрай подтвердил информацию о получении парламентом страны официального письма от Верховной рады Украины с требованием о выплате компенсации за разрушение Киева войсками хана Батыя.
«Верховная рада Украины написала официальное письмо Великому Государственному Хуралу (это наш парламент), что в XIII веке хан Батый (это Золотая Орда, это внук Чингисхана) организовал геноцид украинского народа. Украинцы требовали платить компенсацию. И про это на российских сайтах, монгольских сайтах все написали», — сказал Намсрай 29 февраля в интервью радиостанции «Вести ФМ».

«Потом корреспондент наш спросил у нашего председателя Великого Государственного Хурала: письмо было на самом деле? И наш председатель Великого Государственного Хурала ответил, что, вообще, в истории Средних веков была Киевская Русь, украинского государства тогда не было. И если Верховная рада напишет все имена украинских граждан, которые попали под геноцид, их семьи, мы будем готовы платить», — добавил пресс-атташе.

Напомним, в мае 2015 года телеканалы «Рен ТВ», «Звезда» и ряд других информагентств сообщили, что Верховная рада Украины приняла постановление «О геноциде украинского народа в XIII веке преступным режимом Монгольской империи» и направила монгольским властям требование выплатить компенсацию за разрушение Киева. При этом некоторые СМИ представили данное сообщение как шутку.

Председатель Хурала Зандаахуугийн Энхболд назвал резолюцию украинского парламента «пропагандистским клише Украины в отношении Монголии». «Мир не знал и никогда не слышал ни о какой украинской нации, тем более в эпоху наследников Великого Тэмуджина, — отметил он. — Миллионы погибших украинцев в XIII веке — плод нездоровой фантазии украинских депутатов».

Энхболд добавил, что «Монголия готова возместить ущерб при взятии Киева Бату-ханом, но только пострадавшим, либо членам их семей». «Мы с нетерпением ждем оглашения полного списка потерпевших», — заявил председатель Хурала.

Источник: ИА REGNUM.

Турсунбек Акун, экс-омбудсмен: «Перед въездом в город, милиция останавливала машина и искала оппозиционеров»

— «Сегодняшняя власть опять встала на путь прошлых режимов. Когда я ехал в Нарын, перед въездом в город, милиция останавливала машина и искала оппозиционеров», — об этом сообщил экс-омбудсмен Турсунбек Акун.

Из-за информации, что с Бишкека в Нарын для участия в митинге, прибудут представители оппозиции, областная власть решила обыскивать все машины въезжавшие в город. ДПСники узнав меня, сказали, что не велено меня пускать в Нарын. На мои возражения начальник областной милиции Ороз Молдоисаев, сказал, что при каких-либо действиях он меня арестует.

Они опять вернули в страну старые порядки. Для того чтобы не допустить проведение митинга местные власти во главе Аманбая Кайыпова, областной милиции, ГКНБ, прокуратура запугивали тех кто собирался выйти на акцию протеста 27 февраля. Жестокому прессингу подвергся координатор Комитета по защите социальных прав граждан Эркин Асаналиев. То что власти стали наплевательски относиться к правам человека и самовольничать ни к чему хорошему не приведёт страну. Нарын готов взорваться», — сказал Турсунбек Акун.

Кyrgyztoday.kg

ЗАЯВЛЕНИЕ О создании в Кыргызстане оппозиции «Единая оппозиционная сила Кыргызстана»

Кыргызстан переживает тяжелое время испытаний. Невиданный размах коррупции и популистские реформаторские заявления власти усугубили и без того плачевное состояние всего населения республики. Примечательно, что ухудшились позиции граждан по тем показателям, которые были задекларированы властью, как основные источники обвинения к прежнему режиму – тотальная коррупция, повышение тарифов на электроэнергию, рост цен на продукты первой необходимости. Помимо этого, практически утеряна макроэкономическая стабильность, отсутствует контроль за финансовым и банковским сектором.
В ложном порыве построить цветущее государство по иноземным моделям, начиная с 1990 года и по нынешнее время, в Кыргызстане загублена Национальная идеология и идеи духовного возрождения. Национальные интересы отданы на откуп властям, погрязшим в коррупционных схемах и мздоимствах.
Сегодня очевиден тот факт, что никакие косметические реформы не спасут Кыргызстан от надвигающегося политического и экономического коллапса. Необходимы решительные и выверенные шаги по выводу страны из затянувшегося кризиса.
К сложившейся катастрофической ситуации в республике приложили руку все ветви власти. В Кыргызстане никто из представителей власти не несет ответственности за явные политические и экономические провалы, а также не проводимые реформы. Все структуры власти: президент, правительство и Жогорку Кенеш делают вид, что не имеют отношения к кризису в стране. Коалиция большинства в парламенте, выбирающая премьер-министра и правительство, легко не только выбирает правительство, но и распускает его, не осознавая того, что имеет к кризису самое прямое отношение. По логике, в случае роспуска правительства, коалиция также должна пойти на перевыборы.
До сих пор, никто еще из политиков не взял на себя ответственность за уничтожение реального сектора экономики. Власть по-прежнему не осознает, что стала политическим банкротом и давно потеряла связь с реальной жизнью.
Принимая во внимание стремительное обнищание населения в условиях кризиса, Бишкекский Форум, «Движение Сопротивления», партия «Бутун Кыргызстан» и партия «Ата – Журт» решили учредить «Единую Оппозиционную Силу Кыргызстана». Это открытое общество, включающее в себя патриотов, людей, заинтересованных в настоящих реформах, желающих процветания и благополучия Кыргызстану.
Новое оппозиционное движение открыто для всех политических партий, движений, общественных организаций, политических и общественных деятелей, разделяющих мнение, что Кыргызстан находится на пороге политической, экономической и социальной катастрофы. «Единая Оппозиционная Сила Кыргызстана» считает, что консолидация усилий всех политических партий, движений, общественных объединений и рядовых граждан республики позволит Кыргызстану выстоять в тяжелое экономическое время и не позволит втянуть деструктивным силам Кыргызстан в политический хаос.
«Единая Оппозиционная Сила Кыргызстана» намерена добиваться от властей республики незамедлительных мер, которые должны спасти Кыргызстан от политического и экономического краха. В связи с этим, «Единая Оппозиционная Сила Кыргызстана» требует от всех ветвей власти:
1. Вместе с правительством должна отчитываться и правящая коалиция Жогорку Кенеша, которая несет полную ответственность за создание Кабинета министров;
2. Назначение на должности в правительство по партийным квотам выявило, что руководителями министерств и ведомств, назначаются люди не по профессиональным качествам, а по партийной принадлежности. Принимая во внимание, что Кыргызстан на пороге политической и экономической катастрофы, необходимо создать правительство Народного доверия и пригласить в правительство профессионалов своего дела, независимо от партийной принадлежности;
3. Необходимо срочно принять Национальную антикризисную программу Кыргызстана с привлечением представителей от общественности;
4. Остановить бесконтрольный рост тарифов и цен на продукты первой необходимости и электроэнергию;
5. Принять мораторий на разработку спорных участков месторождений. Остановить продажу «Мегаком»;
6. Провести выборы 27 марта 2016 года в местные Кенеши без использования административного ресурса;
7. Провести выборы мэров городов с учетом пожеланий и рекомендаций проживающего в этих городах населения. Мэров должно выбирать само население.

Участники «Единой Оппозиционной Силы Кыргызстана», принимая во внимание все осложняющуюся политическую и экономическую ситуацию в Кыргызстане, предлагают президенту, правительству, депутатам Жогорку Кенеша проявить свои гражданские позиции, чувство патриотизма и желание реально послужить своему народу. «Единая Оппозиционная Сила Кыргызстана» подчеркивает, что только совместными усилиями власти, оппозиции и общественности, можно вывести страну из кризиса.

Участники «Единой Оппозиционной Силы Кыргызстана»:
1. «Бишкекский Форум»
2. «Движение Сопротивления»
3. партия «Бутун Кыргызстан»
4. партия «Ата-Журт»

Кайып Шери, Апрель Баатыры: "Сегизбаев мени издесе атамдын үңкүрүнө келсин! Атамбаев Койташ тарапта 5 гектар жерге Чынгызхандын “Алтын Ордосундай” кылып Атамбаевдин “Алтын резиденциясын” салдырып жатат"

– Сиз кимсиз? Бүгүн элди ушул суроо кызыктырып турат?
– Мен мекенчил, прогрессивдүү идеяларды колдогон 6 миллион кыргызстандык жарандардын биримин десем жанылбайм. Биз мекенчил прогрессивдүү жаштарды, күчтөрдү колдойбуз. Өлкөбүздүн өнүгүп өсүшүн, элибиздин бакубат жашоосун каалайбыз жана ошол үчүн күрөшүп, жан тартып келебиз!
Сиз мамлекетик коопсуздук кызматынынын жетекчилерин катуу сынга алдыңыз, азыр да ал пикириңизди алмаштырган жоксузбу?
– Ооба. Мен пикиримди алмаштырган жокмун. Себеби, мени ынандыра турган башка пикир айтылган жок. Мен көп сөз кылбай, өз баамдоолорумду гана ортого салдым. Бирок, мындан да бир топ күмөн туудуруп келген сөздөрдү уккам. Бирок, баарын эле айтып элди кыжалат кылгым келбейт. Акыйкат үчүн гана, анча- мынчасын айттым.
– Өлкөнүн УКМК жетекчисине каршы пикир айтыш өтө коркунучтуу эмеспи. Бирок, айрым инсандар ушундай чууларды көтөрүп, чет өлкөдөн башпаанек табып алууну көздөшөт. Анын сыңарындай сиз да ушул максатты көздөп, Атамбаев менен Сегизбаевге атайылап тил кайрап жаткан жоксузбу? Сегизбаевге тийишип коюп, качып кетпейсизби?
– Мен анчейин деле, чоң бир нерсени айткан жокмун. Болгонун болгондой, өз пикиримди айтып койдум. Менде өлкөдөн чыгып кетейин деп, башпаанек издөө максаты жок. Мен эч кайда качпайм. Ата-бабам 1916- жылы кыргын болуп жатканда да далысын салып качкан эмес. Атам ак орусунун, кызыл орусунун да куугунтугун көргөн. Ошол жылы атамдын 14 уулу өлгөн. Ошондой болсо да, туулган жерин, мекенин таштап кеткен эмес. Көп жылдык өмүрүн бала-бакырасы менен аска-зоодо, үңкүрдө өткөргөн. Азыр да Шеринин үңкүрү деген жер бар. Менин Кыргызстанда 5 сотых да жерим жок. Бишкекте баш калкалаар да жайым жок. Революцияны биздей балдар, ошол лидерлерге ишенип жасаган да. Мына Атамбаев Койташ тарапта 5 гектар жерге Чынгызхандын “Алтын Ордосундай” кылып “Алтын резиденция” салдырып жатат деп угуп жатабыз. Менде болгону биздин урук ата-бабам, таяке-тайым жайлаган тоо таштын арасындагы ошолордун аты калган үңкүрлөр бар десем болот. Сегизбаев издесе, чет өлкөлөрдөн издеп, убара болбой эле, ошол жактан издесе болот. Издеп келсе, дасторкон жайып тосуп алам.
Булак: Кyrgyztoday.kg

Россиялык басылма Путиндин улуу кызынын жашоосун толугу менен билди

Путиндин улуу кызы Мария медицина илимдеринин кандидаты болгонун жана Москвада жашаарын россиялык ММК жазып чыкты. Россиялык басылма The New Times  РФ президенти Владимир Путиндин улуу кызы Мария тууралуу изилдөө жүргүзүшкөн. Басылманын маалыматы боюнча, Мария 2006-2011-жылдар аралыгында МГУнун фундаменталдык факултетинде Воронцова деген фамилияны алып окуган. Мария Путина документ боюнча мындан сырткары дагы төрт фамилияны алып жүргөн. Путиндин башкаруусунда биринчи жолу кызы жөнүндө сөз козголду. МГУну артыкчылык диплому менен аяктаган соң, Мария, Россия Федерациясынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин астындагы,  Эндокринологиялык илимдер борборунун (ЭНЦ) аспирантурасына тапшырган. Борбордун илимий жетекчиси Иван Дедов. Басылма жазгандай Путиндин улуу кызы үй-бүлөлүү. Голландиялык ишкер Йорритом Фаассеномга турмушка чыккан. Азыр жолдошунун фамилиясын алып жүрөт. Фаассен 2007-жылы Газпромдо бизнести өнүктүрүү боюнча бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. Ошондой болсо дагы, ал кызматын таштап, консалтинг чөйрөсүндө иштеген. The New Times басылмасы маалымдагандай, Мария Фаасен Москва шаарынын Новинском бульварында, АКШнын элчилигине коңшу жайгашкан жети кабаттуу үйдө жашайт. Ал үйдүн жашоочуларынын айтымында мигалкасы бар джип унаасында, жансакчылар коштогон жаш кыз жашай баштаганы, күчөтүлгөн тартипте текшерип өткөрүү режими иштей баштаганын басылма жазып чыккан. Маалымдалгандай Мария бардык жагынан камсыздалган жана жетиштүү жашайт. Бүткүл дүйнөгө көп саякатка чыгат жана эң кымбат яхталарда жүрүп, чет мамлекеттин мугалимдерин жалдайт. Мындан сырткары басылма, Мариянын кызы бар экенин  жана медицина илимдеринин кандидаты болгонун жазган. Мария кызын тарбиялап жана ЭНЦ иштегенден сырткары, кайрымдуулук долбоору болгон “Альфа-Эндодо” активдүү катышуучу. Бул долбоор эндокринологиялык оорулардан жабыр тарткан балдарга жардам берет. Андан сырткары студенттер клубу МГУда лекция окуйт. Лекция маалында студенттерге өзүн сүрөткө тартуусуна тыю салганын басылма маалымдаган. Башта британиялык газета Mirror, Мариянын Нидерландиядагы баасы 2,5 млн евро чапчыган үйүнөн көчүп кеткенин жазып чыккан. Расмий түрдө анын Нидерландияда жашаары такталган эмес. Болгону анын Голландиялык ишкер Йорит Фаассен менен баш кошкону маалым.

Рамис НАМАЗБЕКОВ

Булак: “Эл деми”

“Энекем менин бейишим” кайрымдуулук долбоору уланууда

Кыргызстандын баардык аймактарында апалардын эл аралык майрамын утурлай, “Энекем менин бейишим – 2016” аттуу кайрымдуулук долбоору уланып жатат.

Арызбек Кожошев, КРнын экономика министри: “Мегакомду” убагында сатпасак кийин жогоруда мен айтып кеткен “пейджер” “кател” компаниялардын кебетесин кийип калышы мүмкүн”

-Арзыбек Орозбекович,  мегакомдун сатылышы  чуулгандуу окуя болуп кетпейби?

-“Мегакомдун” 100% акциясы мамлекеттин эсебине өткөн. Бирок  анын  айланасында  дагы бир эки маселе бар. Биринчиден сот иштери бүтө элек. Эл аралык  сотко чыгып калышы мүмкүн. Эгер эл аралык сотко чыгып калса  73 миллион доллар төлөп беришибиз керек болуп калат. Телекомуникация, өзгөчө мобилдик байланыш  тармагы абдан атаандаштыкты талап кылган жай. Мобилдик оператордукту учурда “Мегаком”, “билайн”, “ошка”  тейлеп жатат.  Учурда булардын арасында конкуренция  бар.

-Мамлекет  үчүн  “Мегаком” кирешелүү мекеме экени белгилүү. Мамлекетибизге  миллиондогон киреше берген  ишкананы сатыкка чыгаруунун  түпкү мааниси эмнеде?

-Туура, мамлекет  өзүнүн  акча түшүп жаткан тармагын саттуу алдында  турат. Ошондуктан көбү каршы болуп жатат. биздин эсебибиз боюнча  дагы үч төрт жылдан кийин өзүнүн  салмагын жоготот.  Учурда  мобилдик байланыштардан дагы  башка нерселер  чыгып кетти. Мисалы “Вайбер”, “вотсап”,  “скайп” деген нерселер чыгып кетти. Элдер азыр толугу менен ошол  арзан  кызматтарды  пайдаланып  жатышканы маалым. Мобилдик  компаниялардын билдиргенине караганда  жакынкы арада  алар 50% кирешесин жоготуп алышат.

-Мисал келтире кетсеңиз?

-Эсиңиздерде болуш керек,  “пейджер” деген байланыш  чыккан.  Азыр ал жок болуп кетти. “Кател”  дагы өзүнүн  рынок шартында жашап кала алышкан жок. Эгер биз мегакомду кармап тура берсек ушундай шарттарга келип калышы мүмкүн. Ошондуктан  өкмөт муну саталы деп чечти.  Бүгүнкү күндө биз  мегакомдун баасын 306 миллион доллар турат  деп эсептеп чыктык. Же  сомго алмаштырганда 19 миллиард сом болуп калат.  Мындан кем сатылбайт Бул “мегакомдун” баштапкы баасы.  Мындан даагы баалар көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Эгер  “Мегакомду” убагында  сатпасак кийин жогоруда мен айтып кеткен “пейджер” “кател” компаниялардын кебетесин кийип калышы мүмкүн. Ушуну эл түшүнүшү зарыл.  Кемчиликтер бар, азыр аны мойнубузга алабыз.

-Турцияга болгон  сапарыңызга токтоло кетсеңиз?

-Ал жакта кыргыз түрк ишкерлеринин бизнес форуму болду. Кыргызстандан да барышты. Мен буга чейин  мындай ишкерлердин чогулганын көрө элек болчумун. Орто жана кичи, чоң бизнестегилер да барышты. Евразия биримдигине киргенибизге байланыштуу биздин базарыбыз алты миллиондон 180 миллионго чейин көтөрүлдү. Кыргызстанда  300гө жакын биргелешкен кыргыз түрк ишканалары бар.  Барган ишкерлер эң негизгиси өнөр жай, кайра өндүрүүчү тармагы,  эмерек чыгаруучулар   келишим түзүштү. Мен экономика министри катары   түрктөрдүн өнүктүрүү министри жана бажы жана өнүктүрүү министри менен жолуктум. Биздин  мурдатан калыптанып келген достугубузду дагы улантабыз  жана ишкердикти кеңейтебиз деген чечимге келдик.  Кыргызстанда   ишкердик үчүн  эң жеңил шарттар  бар экенин айттым. Буйруса май, июнь айларында алар Кыргызстанга келишет, ошондо дагы сүйлөшөбүз.

Маектешкен Баян Кулова

Булак: “Жаңы ордо”

"Айланайын, Кыргызстанга көчүрүп кеткилечи"

“Айланайындар, Кыргызстанга көчүрүп кеткилечи!”

 Эки жылдын ичинде Кичи Памирдеги 2000 адамдын ордуна өлгөндөн калганы 720 гана адам бар болуп чыкты

“Кичи Памирдеги Ооган кыргыздарын акыркы 25 жылдан бери башкарып келген Абдрашид хан эли-жерин сагынып, көзүнүн жашын агызып: “Бизди унутпагыла!” – деп узатып кала берген. Андагы кыргыздардын ар бири: “Кыргызстанга барып, беш күн жашап өлсөм, арманым жок эле”, – дегенин угуп, болкулдап ыйлап жибердик. Аттиң дүйнө. Абдрашид хан өмүр бою көксөгөн тилегине жетпей, 2010-жылы жаз айларында каза болуптур…” – дейт Ооганстандагы кыргыз кандаштарыбызга барып келген экспедициянын жетекчиси Гүлзат Болотова.

Өткөн жылдын август айында “Кыргыз бутагы” коомдук фонду-нун бир нече мүчөлөрү анын жетекчиси Гүлзат Болотова болуп, экинчи жолу Памир кыргыздарынын абалын көрүүгө барышкан. Илимий-техниканын гүлдөгөн доору жүрүп турган азыркы цивилдүү дүйнөдөн бөлүнүп калган кандаштарыбыздын кабырганы кайыштырган оор турмушунан, ачуу тагдырынан кабар алуу үчүн Гүлзат Болотованы маектешүүгө чакырганбыз. Эмесе, кабарчыбыз жазып алган макаланы окурман журтуна сунуштоону туура көрдүк.

Биринчи сапар, азаптуу түтөк…

ainan kochur ketk 2Памир кыргыздарынын жашоосуна кызыккан мекенчил тааныштарды, санаалаш досторду чогулттук. Өз каражатыбызды жыйнап алып, 2009-жылдын август айында тогуз адам жолго чыкканбыз. Бийликке же башка бир акчалуу ишкерлерге кайрылып, жардам сураган эмеспиз. Ал жакка турист катарында бардык. Чынын айтсам, аркайган тоолордун курчоосундагы, сербейген бир өсүмдүк өсүп чыкпаган ач-жылаңач жайдак жер бизди кызыктырган эмес. Максатыбыз, андагы элдин тагдырын көрүп кайтуу эле. Бишкектен үч машине менен чыккан биздин каттамыбыз төмөндөгүдөй болду: Бишкектен Ошко жетип, андан Сары-Ташты басып өтүп, Тажикстандын кыргыздар жердеген аймагы болгон Мургапка жеттик. Андан Хорогдогу Ооганстандын элчилигинен виза алдык. Тажикстан менен Ооганстандын Ишкашым деген чек ара бөлүгүнө келдик. Вахан коридору аркылуу сапарды улаш үчүн дагы бир өзүнчө уруксат кагазы керек экен. Ал кагаз бүткөнчө дагы бир сутке калууга мажбур болдук. Эртеси оогандардын эки таксисин жалдап, Вахан коридорунун эң акыркы айылы болуп саналган Сархадка жетип бардык. Ал жерден автоунааны таштап, вахандыктардын ат, эшегин ижарага алдык. Бир суткеге жергиликтүүлөр атты 16, ал эми эшекти 8 доллардан беришет экен. Жолдон биз көрбөгөн азап калган жок. Деңиз деңгээлинен 5000 метр бийик ашууларды ашып өтүүгө туура келди.

Биз менен бир орус, бир америкалык, дагы бир ирландиялык жигит болуп, калганы кыргыздар чогулганбыз. Баарыбыз үчүн бара жаткан климаттык шарт өтө кооптуу болчу. Өмүрү ата-бабабыз көрбөгөн, аркайган жылаңач сүрдүү тоолорду ашып жүрүп отурдук. Ашуунун 4200 метр бийиктигинен ашып түшкөндөн кийин эле бир жигитибиз түтөк болуп, мурдунан кан кете баштады. Башталды! – дедик. Биздин кооптонгонубуз да ушул түтөк эле. Ал жигитибиздин мурдунан кан токтобой баратканда арга-амалыбыз түгөнө баштады. Ал эки литр кан жоготту. Менин кесибим медик болгондуктан керектүү дары-дармектерди, кан басымды ченеген аппараттан бери салып алгам. Төрт күндөн ашык ашууларда жол жүрдүк.

А чынында үч суткеде эле жетмек экенбиз. Вахандыктардын арасында Жараткандан коркпогон алдамчылары бар болуп чыкпаспы. Аты менен эшегине ижара акыны көп алуу үчүн, атайылап үч суткеде жетчү жерге, бөлөк аймактарды атайын аралатып, жолду узартып отуруп бизди төрт күндө араң жеткиришмек тура. Оңдой берди болуп, тажиктердин арасынан атасы кыргыз, энеси вахандык адам чыгып калды. Чала кыргызча, жарымын тажикче аралаштырып сүйлөгөн Амирмамат деген жигит бизге боор тартып, кыска жолго салып, атка камчыны басып, алдыга жүрүп берди. Кеч киргенде чоюп-тартып чатырларыбызды тиктик. Сапарга даярдап алган тамагыбызды шам-шум этип алып, жолду улап жүрүп отурдук. Илгери ооган кыргыздарынын ханы Рахманкул хан өтүп туруучу эскилиги жеткен бир эле асма көпүрө бар экен. Бийик жалама ашуулары абдан көп. Жалгыз аяк жол менен тизилген биз чубай бастырып кете бердик. Ат жаныбардын аягы кичине эле тайыса бийик ашуудан кулап, тээ ылдыйкы шар сууга түшүп, сөөк чачырап кетчүдөй коркунучтуу, сүрдүү…

Жолдо бараткан бир түнү 4500 метр бийиктикке жеткенде алиги кыргызмын деген вахандык Амирмаматтын кан басымы 180ге көтө­рүлүп, калчылдап жатып калды. Тилектин башы ооруп, Тони деген жигитибиз болсо куса баштады. Түтөк күчөп киргенде адамдын бел курчоодон өйдөкү дене бөлүгү ысып, жүрөк дүкүлдөп чыгат экен. Кичине кыймылдасак эле биротоло ишибиз бүтөөрүн билип жаттык. Көрсө, мындай шартта жатып албай, башты көтөрүп отурган абалда уктоо эрежеси бар турбайбы. Биз андай эрежени кайдан билдик. Жанаша тигилген үч чатырдан жардам сураган үндөрүбүз бири-бирибизге угулуп жатты. Ошондой учурда жаныбызда жарытылуу суу да калбаптыр. Бир чыны сууга чүпүрөктү чылап алып, улам бирибиздин кежигебизге басканыбызда азыраак эс алдык. Таң эртең менен кайрадан баш көтөрүп, кыйналсак да сапарыбызды уладык. Мына ошол жерден дагы көтөрүлүп чыкканда деңиз деңгээлинен тупатуура 5000 метр бийиктикке чыгып, акырындык менен кайрадан ылдый түштүк. Биз барган август айында сууларын калың муз каптап турган экен.

Акжыргадагы алгачкы жолугушуу

Кичи Памирдеги кыргыздардын биз биринчи барган айылы Акжырга деп аталат экен. Булардын Осмон ажы деген аксакалы ошол күнү келин алып, той берип жатыптыр. Бизди кубанычы койнуна батпай тосуп алышты. Аксакалдары дароо чогулду. Осмон ажынын журтунда болгону беш боз үй бар. Бул аймактарда айыл деген аты эле болбосо, үчтөн-бештен гана боз үйлөрүн тигип алышкан. Мал аттуудан негизинен топоз, кой, эчки, төө, унаа үчүн ат багышат. Ат багылганы менен жылкы, уй баласы мындагы бийик шартка чыдабагандыктан, колго кармабайт экен. Бак-шактуу, көк майсаңдуу жерлерге көзүбүз көнүп калгандыктан, тутам чөбү жок, куюн учкан боз жайдак тоолор чынында өтө өөн учурады. Булардын малы кайсы чөптү жеп, кантип тоюнат? – деген ойго аргасыз жетеленесиң.

ainan kochur ketk 3

Ушундай шарттан улам, жайыт жерлерин биротоло такыр кылып албоо максатында бири-биринен алыс көчүп жашашат тура. Осмон ажынын эки зайыбы бар экен. Улуусун “зор зайып” деп коюшат. Эртең менен турганыбызда калыңга кете турган малдын кулагына ак чүпүрөк байланганын көрдүк. Булар жердеген аймактар деңиз деңгээлинен 4200-4500 метр бийиктикти көрсөтүп турду. Жаңы барып, климатына көнө албаган адам түтөктөн кыйналгандыктан, эңкейип батинкесинин боосун байлоого жарабайт. Айрыкча жолдо келе жатканда дем алуу кыйындап, боортоктоп баскан учурлар болду. Осмон ажынын улуу аялы Уркуя 46 жашта экенине карабай сексендеги кемпирдей көрүнүп турду. Үч мейман кыз эженин боз үйүнө кирип, бат эле ымалалашып кеттик. Уркуя эже кыргыз жери тууралуу далай жолу укканын айтты. Ата-бабасы кылымдар бою жердеген Ала-Тоо койнун сагынганын айтып, көз жашын төксө, аны менен кошо биз да ыйладык. Уркуя эженин эки сөзүнүн бири: “Бизди унутпай келип тургула, ата-бабабыздын жерине көчүрүп кеткиле”, – деп жалооруйт. Осмон ажынын кичүү зайыбынын үйүнө киргенибизде 1,5 жаштагы кызын шишик басып ооруп жатыптыр. Наристе бир аз кыңылдап ыйласа эле кыйналгандан көгөрүп кетип жатты. Кыргызстандан мейиз, өрүк, шекер, унаа жабдыктарына керектелүүчү кайыш сыяктуу белектерди алып барганбыз. Бул жердегилер өзүнүн чыныгы туулган жылын билишпейт экен. “Уй, кой жылында төрөлгөм” – деп, жыл сүрүш­түрүшөт. Отуздагы келиндин жаш курагын сурасаң айта албайт. Себеби, аялдар төрөттөн абдан көп каза болот. Энесинин көзү өткөн наристеге анын качан төрөлгөнүн тактап айтып бере турган жан жок. Эли туташ сабатсыз. Баса, биз 2009-жылы барганыбызда ошол Осмон ажынын үйүндө бир оогандык киши беш-алты баланы чогултуп алып окутуп жатканына күбө болгонбуз. Негизинен араб жазуусун колдонушат. Мектеп деген жок болчу. Ат менен кыдырып үч айылга жеттик. Биз Жаанбай деген байкенин айылына барганда ат жетишпей калды. Айыл деп аталган Жаанбайдын айылында үч, Бутубай деген раистин айылында он боз үйү гана бар экен.

Булардын Чакмак көл деген көлүн жердеген кыргыздардын төртүнчү айылына келгенде минген унаа жетишпей, Абдрашид хандын айылына баарыбыз бара албай калдык. Жаанбай байкеге биздин Иса деген жигитибизди кошуп берип, аттандырдык. Анын үстүнө, биз менен барган чет элдик жолдошторубуздун визасы чектелүү болгондуктан, убактыбыз да аяктап бара жаткан. Жок дегенде бирөөбүз көрүп калалы деген максатта Абдрашид ханга Исаны жибердик. Ал Памир кыргыздарын 25 жыл жетектеп турду. Исаны узатып чыкканда Абдрашид хан көзүнүн жашын чуурутуп туруп, мындай аманатын айтыптыр: “Канча ирет элимди көчүрүп кетейин деп аракет кылып жүрдүм. Керт башымды ойлосом небак кетип калмакмын. Бирок, ушул жердеги азаптуу элимди таштай албай жашап келем. Айланайындар, бизди унутпагыла, көчүрүп алып кеткиле”, – дептир. Ошол 2009-жылы ал 72 жаш курагындагы кези экен. Кыргыздардын ханынын каза болгон себебин да изилдеп көрдүк. Денесине жара чыгып айыкпай, ырбап кеткенден каза болду дешти. Көрсө ал кант диабети менен ооручу турбайбы. Жок дегенде ооган кыргыздарынын ханынын аманатын ошентип болсо да угуп калдык.

Кыздарын 13-14-жашында эле күйөөгө беришет. Келин отузга чыкканда орточо алганда он баланын энеси болуп, наристелеринин бирөө-экөө эле аман чоңоёт экен. Медициналык жардам деген булардын түшүнө кирбеген нерсе. Эрте курактагы төрөттөн, бийик тоолуу катаал климаттан, тамак-аштагы витаминдер менен минералдардын жоктугунан аялдар өтө көп каза болушат. Анын үстүнө, төрөгөн аялдар ымыркайдын киндигин бири-бириникине келип кесе беришет. Эркектери мурда эки-үчтөн аял алып келишкен болсо, бүгүнкү күндө аялдардын саны кескин азайгандыгына байланыштуу өмүрү үйлөнө электерин көрдүк.

Тамак-аш жетишсиз. Ун азыгы өтө тартыш. Ун үчүн алыскы Сархад аймагына алты суткеде барып келишет. Соода-сатыгы көбүнчө пакистандыктар менен жүрөт. Кыргыздар курут, карынга куюлган сары майды Кытайдын кийим-кечесине айырбашташат. Алгач барган жылы алты күндөй жүрүп, бирөөсүнүкүнөн да ундан даярдалган тамак көрбөдүк. Бир эле үйдөн күрүч ооз тийдик. Балдарына конфет берсек кагазы менен кошо жеп алгандарына күбө болдук. “Оюнчугуңар барбы?” – деп сурасак, балдары “Жок!” – деп баш чайкашат. Мектеп жок. Ошондо Уркуя эжебиз бизге: “Бул жакта жашап жүрүп, топоздун артынан топоз, топурактын артынан топурак болуп калдык” – деп, бозоргон чаң учуруп, жайдакталган тоолорду тиктеп туруп айтты. Биз 2009-жылы сапар тартып баратканда 21-кылымда ушундай жашоодо калган эл бар экенин элестеткен эмеспиз. Кайра Кыргызстанга кайтып келгенде памирликтердин аманатын тийиштүү органдарга жеткирүүнү көздөдүк. Элдин аманаты моюнга илинген аябагандай оор жүк болорун ошондо тү­шүндүк. Кандаштарыбыздын эбегейсиз татаал жашоосу кээде менин түшүмө да кирип чыкчу болду.

Өткөн жылдын август айында “Кыргыз бутагы” коомдук фонду-нун бир нече мүчөлөрү анын жетекчиси Гүлзат Болотова болуп, экинчи жолу Памир кыргыздарынын абалын көрүүгө барышкан. Илимий-техниканын гүлдөгөн доору жүрүп турган азыркы цивилдүү дүйнөдөн бөлүнүп калган кандаштарыбыздын кабырганы кайыштырган оор турмушунан, ачуу тагдырынан кабар алуу үчүн Гүлзат Болотованы маектешүүгө чакырганбыз.

Алгачкы жолу барганыбызда билбестик кылып, өтө узун, азаптуу жолду тандап алыптырбыз. Бизге памирликтер: “Силер мындан кийин үч жарым сааттык мотур жолу менен келгиле”, – дешти. “Мотур” дегени кадимки орусча “мотор” деген сөз экен. Авто жолу жергиликтүүлөрдүн лексиконунда ушундайча аталат. 2009-жылдын сапар жыйын­тыгын, алиги аманатты бирин-экин гезитке азын-оолак жрыяладык. Ошентип отуруп, 2010-жылдын апрель окуялары кирип келди. Президент Р.Отунбаевага кат жолдоо менен эле чектелдик. Коомубуз ушунчалык саясатка баткандыктан үнүбүздү уга турган адам табылбай турду.

2010-жылы мен, Иса, Нүргүл, Тилек болуп, “Кайдасың алыскы Памир?” – деп, кайрадан жолго чыктык. Тилекке каршы, Тажикстан бизге ал жылы турист катары уруксат бербей, чек арадан өткөрбөй койду. Он күн Мургапта иш оңунан чыгаар деп күтүп жаттык. Август күндөрү Мургапта сел жүрүп, абдан ыңгайсыз абал өкүм сүрдү. Ошол жерден чек арачы тажиктер бизге: “Эгерде силер эл аралык коомдук уюм же башка бир кайрымдуулук миссиясы менен бараткан макамыңар бар болгондо өткөрөт элек”, – дешти. Мына ошол чек арачы балдардан Памирдеги кыргыздардын Абдрашид ханы 2010-жылдын жаз айларында дүйнө салганын уктук. Ал жылы максатыбыз ишке ашпай, Гүнжубай чек арасынан кайра тарттык. Гүнжубай союз учурунда танкалардын жолу, “Бозой күмбөз” деген жери советтик аскерлер жайгашкан борбору болуптур. Жогорудагыдай кеңештен улам биз “Кыргыз бутагы” коомдук уюмун түзгөн болчубуз.

2011-жылы август айында америкалык Жефф Волкес, Казармандан Руслан, Нарындан Иса экөөбүз, Алайдан Айнура, Таластан Нүргүл, Чүйдөн Тилек болуп, жети киши кайрадан сапарга аттандык. Гумжардамдан негизинен кийим-кече жеткирдик. Ал учурда Абдрашид хандын ордуна анын төртүнчү аялынын уулу – Рушанхан хан болуп калган болчу. Бизди Рушанхан баштаган айыл аксакалдары, раистери келип тосуп чыгышты. КРнын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги биз аркылуу андагы кандаштарыбызга кат жазып, демилгебизди колдоп, жардамдарын беришкендерине ыраазычылык билдиргибиз келет. Ал жолу эки жума жүрүүгө уруксат алдык.

Мурда барганыбызда бизге Осмон ажы: “Силер, Памылдын четин эле көрдүңөр. (Памыл деп алардын тилинде Памирди аташат – Г.Б.). Айылдар көп. “Жалпысынан кичи Памылдагы кыргыздар 2000ге чейин калк жашайбыз” – дегенин эстедик. Максатыбыз, кичи Памирде канча адам жашай турганын тактап, статистикалык иликтөө жүргүзүп, абалдарын көрүп келүү болчу. Алар жылга-жыбыт сайын конуп, жашоону айыл деп аташкандыктан, өздөрү 13 жылга, 21 айыл бар деп эсеп жүргүзүшөт. Кээ бир айылдарынын ортосу ат менен жарым сааттык, кээ айылдарыныкы эки сааттык жол. Кыргыздар уруу, тууган болуп, отурукташып жашайт. Жалпысынан Чоң Памир менен Кичи Памирде кезек жана тейит уруулары жайгашкан. Кезек уруусунан кыдыршалар тараган. Кутан, алапа сыяктуу урууларды да жолуктурдук. Чоң Памир менен Кичи Памирдин эли бири-бири менен кыз алышып, кыз беришип турушат. Алгач барганыбызда өздөрүнүн айтуусу боюнча Чоң Памирде 1500, ал эми кичи Памирде 2000 кыргыз бар дешкен эле. Баарын кошкондо 3500 эл деп эсептеген болчубуз. Биздин экспедициялык топ 2011-жылы баргандагы эки аптанын ичинде дээрлик ар бир үйгө кирип, эркектерин, аялдарын, бала-бакырасын, ал түгүл малынын санына чейин маалымат чогултууга максималдуу аракет кылдык. Эң чоң трагедия бул. Акыркы жылдары кичи Памирдеги 2000 адамдын ордуна өлгөндөн калганы болуп, 720 гана адам бар болуп чыкты.

Тактап айтсак, катаал турмуштук шарттын айынан элинин саны мурда болуп көрбөгөндөй кыскарып бара жатат. Ушуга байланыштуу, Бишкекке келээрибиз менен КРнын Президентине, Жогорку Кеңештин төрагасынын дарегине кооптуу коңгуроо кагып, дароо кат жаздык. Андан тышкары “Бизди алып кеткиле” – деп, ыйлап суранган памирлик раистердин араб тамгасы менен өз колдорунан жазылган каттарын аманат катары жеткирдик. Алар кол коюу дегенди билишпейт. Илгеркидей сыя челек жок. Фламастерди баш бармагына сүйкөп алып, кагазга “өз мөөрүн” басып коюшту… Каттарынын негизги мазмуну да коёндой окшош. “Биздин бир үмүтүбүз Жараткандан, экинчиси силерден”, – деп, Кыргызстандын элин, жетекчилерин таяныч тутушат. Раистер мектептин начардыгын, дарыгердин жогун, эбегейсиз кыйын шарттардагы жашоонун кыйындыгын айтып кат жолдошту.

ainan kochur ketk 4

Бир караганда маалыматтар бир кылка эмес. Мисалы, 2004-жылы Эдуард Кубатов деген изилдөөчү, бизнесмен адам барып, “Кичи Памирде 1100, ал эми Чоң Памирде 700 адам бар” – деген маалымат таратыптыр. Айтор, айырмалар бар болгону менен, бир жагдай айныксыз чындык. Кандай аспектиде карабайлы акыркы жылдары мындагы кыргыздардын саны кес­кин кыскарууда. “Эмне үчүн мындай болуп жатат?” – деген суроону биз жергиликтүүлөрдүн өздөрүнө да бердик. Сураштырып иликтесек, бул жакка да “кара дары” деп тергешкен, кадимки апийимди сатып келишет экен. Бир жери ооруса дартты убактылуу басуу үчүн апийимди колдонууга аргасыз. Көчөт кыздары өзүнүн чыныгы жаш-курагын эсептеп алууга сабаты жетпегендиктен, “сен он бешке чыгып калдың” – деп туруп, 13-14кө чыкканда күйөөгө беришет. Анысы аз келгенсип, мындан беш жыл мурда буларды жугуштуу дарт каптаптыр. Денеге кызыл тактар чыгып, ошондон көп аялдар менен балдар каза тапкандарын айтып беришти. Элинин санынын кескин кыскарышына бул дагы чоң себеп болгон. Көп аялдар төрөгөн учурда тону түшпөй калып, каны көп кеткенден өлгөнү да белгилүү болду. Кээде апасы менен наристеси чогуу кайтыш болуп калган учурлар бар. Бир үйгө кирсек Мария аттуу апа отуруптур.

Мен андан:– Апа, канча балалуу болдуңуз? – деп сурадым.

– Оо-ой, көп эле бала төрөдүм. Бери жагы он бешке жакын балага эне болдум. Анын үчөөсү бар, калганы жердин алдында, – деп койду.

Дагы бир аял бизге: “Беш балам жердин алдында, бешөө жердин үстүндө”, – деди. Бир үй-бүлөнүкүнө кирсек, жарык дүй­нөгө келген жети баласынын бирөө да калбаптыр. Козубай деген ата болсо бизге: “Он үч балам бар эле, анын үчөө калды” деген жообун узатты. “Өлүм” деген нерсени ар бир үйдөн угуп жаттык. Бул аларга кадыресе көрүнүштөй эле болуп баратканы жүрөктүн үшүн алчу көрүнүш. Мунун себептерин да сураштырып, иликтөөгө аракет кылдык. Өздөрүнүн айтуусуна караганда бала төрөлгөндөн кийин эле ыйлап, шишип, оозунан көбүк атып, өлүп калышат. Ушуга байланыштуу өзүнчө ырым-жырымдары да пайда болуптур. Балдарын жаман, каардуу күчтөрдөн жашырып сактоо үчүн, кадимки бешикке салбай, “жел бешик” деген асма бешикке жаткырышат. Эптеп балдарын аман сактап калуучу түрдүү ырым-жырымдарды таап алышыптыр. Кээ учурда баласы токтосун деген ырым менен эки жашка чейин башка бирөөгө берип бактырганы да бар…

Эркектери мал кайтарып, аялдары күнүгө эки ирет топоз саайт. Аялдарынын дене боюнан күч кетип, шайы ооп, бат чарчай турган болуп калышыптыр. Мурда өрмөк согуп, сайма сайып, кийиз жасап, топоздун жүнүнөн аркан эшип, кол өнөрчүлүк менен алектенишсе, азыр андай жумуштар кыскара баштаган. Топоздун жүнүнөн жууркан, төшөк жасашат. Арканды болсо, керектүү башка товарларга эркектери айырбаштап келет. Тиричилик техникаларынан айтсак, кийим тиккен эски кол машинени көрдүк. Күйөөлөрү менен балдарына кийим-кечек тигип беришет. Кой, эчкилерин сатышат. Карынга куюлган сары майды, куруттарды кургатып камдап алышат. Аларды маасы, көлөч, кызыл, ак шайы кездемелерге Пакистандан айрыбаштайт. Ошол жактан күрүч, шекер сыяктуу азык-түлүктөрдү жүктөп келишет. Барып-келиши биригип, он күндүк жол дешти. Деңиз деңгээлинен 5000 метр бийик ашууларды ашып барып, кээ учурларда артынып келе жаткан товарларын топозу менен кошо кулатып алып, үйүнө куржалак келген учурлар болорун билдик. Көбүнчө жегендери – эт. Меймандап барган бизге 13 үй-бүлө күнүнө бирден кой союп конок кылышты. Уйду алар “жылаңач” деп аташып, такыр багышпайт. Деңиз деңгээлинен 4500 метр бийиктикте уй жаныбар чыдабаганы чын экен.

Жергиликтүүлөрдүн айтканы боюнча, акыркы жылдары климат кескин өзгөрүүдө. Жамгыр өтө сейрек жаачу болуптур. Ушуга байланыштуу малга оттуу чөп ого бетер тартыш дешет. Кайда карабагын жер такыр. Бир күнү боз үйдө отурганыбызда укмуштуудай катуу шамал учурган куюн болду. Күчтүү куюн, боз үйдүн түндүгүн жулуп кетти. Келме келтирип, жанды оозго тиштеп отургандан башка арга таппадык. Ушундай шамал абдан көп болуп турат. Кыдырып жүрүп, дагы бир мындай жагдайга туш болдук. Аталаш бир туугандар селкинин жоктугунан жакын карындаштарына баш кошуп, үйлөнүп алгандары бар экенине ичибиз ачышты. “Экөө бир эненин эмчегин эмбесе, үйлөнтсө боло берет” – деген чечимге келип алышкан. Аял затынын кескин кыскарганына байланыштуу 50 жашка чейинки эркектер жубайсыз жүрө беришет. Кыздын калыңы да кымбат экен. “Бир жамбы он кой” – дешип малды эсептеп, калыңга топоз, кой сыяктуу жандыктарды тартуулашат. Малы көп дегендер “бай” аталып, аял алганга кудрети жетсе, кедейлеринен так өтүп кеткендери арбууда. Кимдин үйүндө кыз төрөлсө аны бапестеп багып калышыптыр. Аны эптеп, 14-15 жашка чыгарып, элүүдөгү адамга берүү эч кимисине өөн учурабайт. Биз былтыркы жылы август айынын орозо учурунда барып калдык. Ошондо: “Орозо бүтөөр замат үйлөнө турган болдум” – деп кубанычы толуп, 55 жашка чыккан киши келди. Көрсө, 15 жаштагы көчөт кызды алам деп турган кези экен. Булардын ”башка улутка кыз берип, каныбызды бузбайбыз” – деген принциптери бар. Айрыкча мусулман эмес элден куда күтүүнү каалашпайт. Болгону эки ирет гана башка улуттан келин алышкан факты бар. Башка жактан келген келин деле бул жактын шартынын татаалдыгынан узакка турбайт окшоду. Эми биз аларга барган сайын: “Тескерисинче, башка улуттар менен кан алмаштыруу керек” – деп ишендирүүгө аракеттенип көрдүк…

Алгачкы мектеп, жетимсиреген бейтапкана

Биз былтыркы жылы барганыбызда, “Бозой күмбөз” деген жеринде мектеп пайда болуп калыптыр. Болгону үч бөлмөлүү мектеп аты бар курулуш экен. Америкалык Грег Мартинсон деген адам Пакистанда, Ооганстанда бир топ мектеп курган. Мына ошол кишинин демилгеси менен 2010-жылы Гүнжубай чек арасы аркылуу курулуш материалдары жеткирилип, мектепти бүткөрүп бериптир. Азыркы учурда ал мектепте 55ке жакын өспүрүм окуйт. Классты алар сынып деп аташат. Биринчи сыныптан бешинчи сыныпка чейинки балдарга сабак өтүлөт. Мектепте кыздардан төртөө эле окуйт. Кээ бир балдар ат менен эки күндүк жол жүрүп келишет. Ата-энелери абдан тынчсызданып жаткандары андан арбын. Аларды да түшүнсө болот. Мисалы, бир ата-эне балдарынан айрылып отуруп, болгону бир эле эркек баласы калган. Көздүн карегиндей сактаган баласын алыска жибергенден чочулашып турган чагы. Балдарын окууга узатып, энелери дүрбү менен алысты тиктеп отуруп карек талытышат. Андагы мектепке Ооганстан менен Пакистандан келишим менен бирин-экин мугалимдер келип иштеп калыптыр. Мен англис, пуштун тилдеринен берген мугалимдери менен жолуктум. Беш балага бир китептен берилет. Кыргыз тилинен окуткан мугалим жок. Заманбап жашоо-шартынан тумтак экенине карабай, кыргыздарды бул нерсе абдан тынчсыздандырып жатыптыр. “Жаш балдарыбыз бөлөк элдин тилин бат эле өздөштүрүп кетип, нукура кыргыз тилин унутуп коюшат. Биз бүгүн эне тилибизди жоготсок, эртең дилибизди жоготобуз. Кыргыз эли улутун, салтын эч качан саткан эмес” – деп коркушканын көрдүк. Ар бирөөсүнүн айткан сөзү ушул болуп жатты. Эзелки элдик макал-лакаптарды сөз арасына кынаптап, кооз сүйлөшкөндөрүнө да күбө болуп жүрдүк. “Элин сагынбас эр болбойт, үйүрүн сагынбас ат болбойт” – деген сыяктуу макалдар ооздорунан түшкөн жок. Мына ушундай мекенчил сөздөрдү сүйлөп оту­рушуп, көздөрүнөн жаш тоголонгонун көрөсүң. Биздин топ экинчи ирет барганда тосуп чыккан кандаштарыбыздын саламдан кийинки дароо эле сурагандары ушул болду: “Айланайындар, бизди алып кеткени келдиңерби? ” – дешти… Атүгүл кичинекей балдарына чейин бизге жалооруй карап, боор тартып турушту.

– Кыргызстан деген абдан жакшы жер ээ?” – деди мага бир бала.

– Жакшы жер экенин кайдан билип алдың? – деп мен да суроо узаттым.

– Анткени ал жакта алма өсөт, – деди бала.

– Алма жеп көрдүң беле?

– Жок, жеген эмесмин – деп тес­тиер бала чуркап кетти…

“Бозой күмбөз” аймагынан чыгып, эки саат жол жүрүп, Абдрашид хандын кыштоосуна келдик. Тактап айтсак, жайлоосунан күңгөйдөгү кыштоосунун тескей тарабына жеттик. Союз учурунда бул жакка келген советтик жоокерлер таш үйлөрдү салып беришиптир. Коктунун ичиндеги ошол таш үйлөр ушул кезге чейин турат. Кышкысын ошол таш үйлөрдө кышташат экен. Раматылык Абдрашид хандын кыштоосуна келгенибизде таң калыштуу жагдайга туш болдук. Анда аппак чоң автобус турат. Көрсө, дарылоочу көчмө клиника экен. Ичине кирип көргөнүбүздө, алгачкы жардам көрсөтүүгө керектүү медициналык техникалык жабдуулардын негизгилери орнотулуп коюлуптур. Бул жакка кандай жеткирилген болсо, дал ошол калыбында кыймылдабай туруптур. Мындай бейтапкана тууралуу жергиликтүү эл бизге эмне үчүн айткан эмес деп катуу таң калдык. Кыргыздардын балдары ич өткөк оорусун күчөтүп жибергенден өлүп калган учурлар болуп жатпайбы мында. Ал эми бул бейтапканда ага керектүү дары-дармектер дайындалып коюптур. Бирок, мөөнөтү өтүп кеткен 2008-жылдагы дарылар экен. Көпчүлүгү англис, араб тилдеринде, кээ бири гана орусча жазылыптыр. Биз көчмө клиниканын ары-бери жагынын баарын карап көрүп, “Пакистан-Ооганстан дос­тук келишими” – деген белги, жазууну окудук. Демек, бул жерге бир да кесипкөй дарыгер чыдабайт. Кыргыздардын үйлөрүнө киргенибизде баштыктардагы дарыларды көрдүк. “Буларды эмне ичпей катып жүрөсүңөр?” – деген суроо бергенибизде алар: “Кайсы дары кайсы дартка жардам бере турганын унутуп калдык” – дешет. Кээ бирөөлөрү дарыларды тоонун башына алпарып төгүп салышкан. Аялдары менен аңгемелешкени­бизде жүрөгүнө даттанышты. Мен 12 жыл бою медайым болуп иштегенден улам кээ дарттардын себебин да билип жаттым. Айтымдарында кан кусуп, көңүлдөрү да айныйт. Ашказан, ичеги дарттарына да дуушар болушат экен. Ошол кыштоодо бир күн түнөп калдык. Баарынан кызыгы, чет өлкөлүк туристтер келип калган учур болуп турат экен. Болгондо да ошондой шартта бир чет элдик алты ай жашап, дагы бирөөсү алар менен кошо кыштай жашап кеткендерин айтышса таң калдык.

Биз эки жолу тең август айындагы орозо учурунда баргандыктан, алардын тойлоруна катыша албадык. Маданий иш-чараларын көрөлү деген оюбуз анчалык ишке ашпады. Комуз, ак калпак, чепкен сыяктуу белектерди алып барганбыз. Мурда жамактатып ыр ырдап, улак тартыш, ордо оюндары ойнолчу экен. Азыркы убакта ордо оюну дээрлик ойнолбой баратыптыр. “Манас” айткандары дээрлик жок. Кыздарынын кээ бири темир ооз комузду кагып отурушту. Биз менен барган Нургүл деген Бишкектеги улуттук консерваторияда окуган кызыбыз комуз чертип берди. Дагы бир кызыктуу көрүнүштү белгилеп кетейин. Алардын эс тутуму абдан жакшы экен. Нургүл комуз чертип ырдаганда алар карап отуруп, дароо үйрөнүп алып жатышты. Буларды Кыргызстанга алып келип, көркөм маданиятын өстүрсө, арасынан мыкты таланттар чыгат го деген ойдо калдык.

Мен бир аялдан:

– Эмне үчүн ырдоо өнөрүн өнүктүрбөй калдыңар? – деген суроо бердим.

– Ээ кызым, бул биздин Памылда кайдагы ыр. Көңүлүбүз өлгөн… – деди.

Нургүл комуз күүсүн шаң­шытып, улам катуулап, көңүл удургутуп черткен сайын бир апанын каректеринен мөлтүлдөгөн жаш кулап жатты. Анын ыйында эмне катылып жатканын биле албадык… 2009-жылы барганыбызда кээ биринин үйлөрүнөн кадимки Кытайдан чыгарылган радиолорду көрүп жүрдүк. Пакистанга соодага барганда күн энергиясынан тартылган батареяларды алып келишет тура. “Бай” деп саналган адамдардын боз үйүнүн үстүндө күн энергиясын тартуучу чырактары бар. Кечинде аны аккумуляторго туташтырып, азыноолак жарык чыгарып алып, тамак ичишет. 2008-жылы КРнын Эмгек, жумушка орноштуруу жана миграция министри болуп иштеп турганда Айгүл Рыскулова жетектеген экспедиция атайын памирлик кыргыздарды издеп барышкан. Тилекке каршы, Тажикстандын коопсуздук кызматы аларды чек арадан ары өткөргөн эмес. Үч-төрт саат гана амандашып, сүйлөшүп, белектерин берип кайтышкан. Ошондо алар үч-төрт телевизорду кошо ала барышканын көрдүк. Ал жакта кубаттуу антенна байланышы менен ЭлТР каналы тартат экен. Андан тышкары “Азаттык” радиосунун жыштыгын да кармап угууга жетишип калгандарын көрүп кубандык. Өмүрбек деген байкенин кулагынан радио түшпөйт. Ошону менен алар Кыргызстандагы, дүйнөнүн чар тарабындагы кабарларды биз сыяктуу эле алып турууга шарт түзүлүп калыптыр. Биз былтыркы жылы 2-августта сапарга чыгып, жолдогу ар кандай тоскоолдуктарды, чек ара түйшүктөрүн баштан кечирип, он күн сапарда жүрдүк. Анын кесепетинен бир топ жаңылыктардан артта калдык. Памирликтерге жеткенибизде алар: “Кыргызстандагы президенттик шайлоого аттанган талапкерлер сексенден ашыптыр” – деп, бизге акыркы жаңылыктарды айтып беришти…

Эми “кара дары” же тариэк деп тергелген апийимдин таасири тууралуу айтпасак болбос. Ширенкенин кутучасындай тариэктин наркын биздин акчага которуп эсептесек, 22 000 сомго жетет экен. Мына ушуну көп колдонгондон бул элди кедейчилик ого бетер каптаганын өздөрү айтып отурушту. Ден соолуктарына катуу зыян келүүдө. Денеге кызыл так чыгып, жогоруда айтылган жугуштуу дарт каптаганда тариэкти көп колдонушуптур. Айрыкча, бир-эки ай катары менен чеккендери ага көнүп алышкан. Балдары ооруса, тариэкти күйгүзүп оозуна үйлөйбүз дешет. Атын атагысы келбеген бир адам: “Бул балээни чегип, балдарымдын ырыскысын жеп жатканымды жакшы түшүнөм. Бирок, муну чекпей коюуга дарманым жетпейт” – деп сүйлөп отурду. Аны чеккендердин үй шарты, жашоо образы чекпегендерден кадимкидей айырмаланып турат. Тариэкти сатып алуу үчүн майда жандыктарды эсепке албаганда бир жылда сегиз топозду соодалаган адамды көрдүк. Тилекке жараша, алардын бир тобунун апийим менен күрөшүүгө алы-күчү жеткенине кубандык.

– Тариэк менен кош айтышып жатабыз – дейт бир байке.

– Буга биз абдан кубанычтуубуз. Кандайча күрөшүп жатасыздар? – деген суроо бердик.

– Мүмкүн бизди Кыргызстанга алып кетишээр деген үмүттөбүз, – дейт…

Бадахшанда Ага хан фондусунун реабилитациялык борбору бар экен. Ошол жакка бир тобу барып, дарыланып келишиптир. Биз барган сайын: “Кара дарыны колдонгондор Кыргызстанда катуу көзөмөлдөнөт. Жашы жете элек кыз баланы күйөөгө берген ата-эне мыйзамдын чегинде жооп берет…” – деп айтып жатабыз. Ошол сөздөр аларга таасир берет окшойт. Булардын паспорт маселеси да чоң көйгөйдү жаратып жатыптыр. Ооганстандагы шайлоо учурунда бериле турган таскира деген документ паспорттун милдетин аткарып калган учур да болот. Көбүндө такай алып жүрүүчү документ жок. Азыркы учурда кээ бир эркектери Түркияга каттап жатыптыр. Ал жактан жардам иретинде рация беришиптир. Биздин топ өткөн жылы экинчи ирет барып түшөөр замат эле, бардык айылдары рация аркылуу угушуп, бат эле чогулуп, жетип келишти. Кээ бирөөсүн Түркиянын Ван аймагында жашаган туугандары чакырып, ооругандарын дарыгерге көрсөтүп жардам бергендери чыгууда. Бир адам көзүнүн катаракт дартын операция жасаткан. Чет мамлекеттеги тууганы чакырткан учурда бир жылга сырткы паспорт алууга укугу бар. Алардын арасында ажыга барып келгендери да учурады.

Памирлик кыргыздар дүй­нөдөгү эң татаал шартта жашашат. Катуу өнөкөт дарт басканда алар малдын сорпосун ичпейт, сары май, топоздун сүтү сыяктуу азыктардан дээрлик аз колдонушат. Себеби, деңиз деңгээлинен 4500 метрдей бийик катаал климатта мындай азыктарды адамдын организми көтөрө албайт. Болгону сүт кошулган чайды митан чай дешип ичишет. Айлап ошол “тамак” аталган митан чайын, сейрек учурда гана ун азыктарын пайдаланып, сакайып кетишкенге көнүшүптүр. Кыргыздын меймандостугунан айланса болот. Мына ошондой зарланган кыйын кырдаалда жашашса да бизге белек бергенди унутушкан жок. Мүнөздөрү абдан уялчаак, тартынчаак келишет. Экспедициянын үч кызы боз үйгө кирип-чыгып жүргөнүбүздө аялдары: “Ии, абдан арыксыңар го”, – деп бизди кытыгылаган болуп, денебизди кармалап жатышкан болчу. Сапарыбыз аяктап, кетээр күн келип жеткенде кыздарга бирден көйнөк тигип кою­шуптур. Көрсө, кармалап, тийишип, көйнөктүн өлчөмүн алып жатышкан турбайбы. Көйнөккө кошуп, бирден атыр самынды белекке беришти эле, андан сыпаа баш тарттык. Көйнөктөрүн болсо, көңүлдөрүн калтырбайлы деп алууга макул болдук.

Алыста калган кыргыздардын катаал тагдырын, эң оор жашоосун мамлекеттик жетекчилерге ийне-жибине чейин калтырбай жеткирүүгө аракет жасадык. Жалпы Кыргызстан калкына алып келген маалыматтарыбызды жеткирдик. Бизди Президенттин аппарат жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев кабыл алып, бардык жагдайды көзмө-көз сүйлөштүк. Жантөрө Жолдошевич Тышкы иштер жана миграция министри Руслан Казакбаев баштаган бир нече тиешелүү түзүмдөргө аларды көчүрүп келүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга тапшырмасын берген. Андан тышкары Айгүл Рыскулова менен байланышып, ал Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри болуп турганда бул боюнча кандай иштер аткарылганы тууралуу сурап, маалыматтарды тактады. Айтор, мына ушундан кийин ишибиз ордунан жыла баштады десем болот.

Мындан тышкары Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин төрайымы Дамира Ниязалиевага да кайрылдык. Депутаттар аларды көчүрүп келип, жардам берүү ойлорун ортого салып жатышат.

… Рахманкул хан Кытайдын Кашкарынан элин кайрадан Памир аймагына көчүрүп келет. 1978-жылы ал кыргыздарды Памирден Пакис­тандын Гилгит аймагына алып кеткен. Ошол жылдары кичи Памирде он чакты үй-бүлө калган. Гилгитте алар төрт жылдай жашап, Түркиянын Ван аймагына көчүп барышкан. Абдрашид хан өзүнүн шайым уруусун алып, кайрадан кичи Памирге келип отурукташкан болчу. Бул жактагы кыргыздардын ханы ал жылдары СССРден, расмий Кабулдан жардам сурап, элин багып жүргөн. Андан тышкары Тажикстандын Мургабынан да келген адамдар бар болуп чыкты.

РЕДАКЦИЯДАН: “Кыргыз бутагы” коомдук фондусунун мүчөлөрүнүн экспедициясы кичи памирлик кыргыздарды трагедиялуу абалдан чыгаруу үчүн жасала турган иштерди ордунан козгоп койду. Бул маселе Жогорку Кеңеште талкууланып, Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Динара Молдошеванын билдиргенине караганда Өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Ал эми КРнын финансы министринин орун басары Арзыбек Кожошев: “Эгерде сиздер памирлик кыргыздарды көчүрүп келүү чечимине келсеңиздер, биз каржылап берүүгө даярбыз”, – деген пикирин билдирген. Албетте, 2012-жылдын бюджетине айтылган маселе каралган эмес, бирок, бюджеттик мыйзамдарга жаңы өзгөртүүлөрдү киргизсе болорун А.Кожошев кошумчалай кетти. Бүгүнкү күндө ал жактагы боордошторго жардам берүү боюнча атайын эсеп ачылганын жалпы журтчулугубузга билдирип коюуну туура көрдүк.

Общественный фонд (Коомдук фонд) “Кыргыз бутагы” ОАО “РСК Банк” 720010, Кыргызская Респуб­лика, г.Бишкек, пр. Моло­дой гвардии, 36 а. Счет № 129900 1900065220.

Памирлик кыргыздарга жардам берүүнү каалагандар төмөндөгү дарек менен байланышсаңыздар болот: 0312 48-31-97, 0772 96-14-61, Бишкек шаары, Абдрахманов көч., 150/40.

Сүрөттөр “Кыргыз бутагы” коомдук фондунан алынды.

Булак: “Кыргыз Туусу”

"Илим жана Турмуш", кыргыз мал чарба жана жайыт илим изилдөө институту

Экс-президентибиз Роза Отунбаеваны мурда-кийин масондор, иллюминаттар, Билдерберг клубу менен кандайдыр бир  алакасы бардыгы айтылып келчү. Эми эжекебиз «Минерва сыйлыгына татып , ошол кептердин чындыгын чыгарып койду көрүнөт, тагыраак айтканда ал иллюминаттардын төмөнкү баскычтагы мүчөсү же «Минервалы»  болгонун дал ошол сыйлыгы тастыктап отурат. Анткени, ал иллюминаттардын  даражасы. Төмөндө ушул туурасында аныгыраак кеп салынат.

Минервалдар «иллюминаттардын» төмөнкү баскычындагы мүчөлөрkSmYr

Минервал термини римдиктердин «Минерва» акылмандык кудайынын атынан алынган. Минервал иллюминаттардын төмөнкү баскычындагы мүчөлөргө ыйгарылат. Иллюминаттар «Жаъы киргендер», анан «Минервалдар» жана «сабаты ашкан Минервалдар» болуп бөлүнгөн. Качан жаңы кабыл алынган мүчө Минервал статусун алгандан кийин ал жергиликтүү “колониянын”, же “ложанын” жыйындарына барса болот. Ал эми жогорку баскычтагы мүчөлөр “чиркөө”, “провинция” жана “нацияда” биригип, Ареопагиттин Жогорку Кеъешине баш ийишет.

 «Минерва-2015» сыйлыгына татыган Отунбаева

1020506677Өткөн жылы экс-президент Роза Отунбаева“Минерва-2015” сыйлыгына татыды. Бул тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык фондунан кабарлашкан. Маалыматта, 26-ноябрда Рим шаарындагы Капитолий дөңсөөсүндөгү Кампидолия сарайында “Минерва – 2015” сыйлыгын тапшыруу аземи болгон. Анда тынчтык менен эл аралык коопсуздукту сактоого, демократияга кошкон салымы жана саясий ишмердиги үчүн Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева сыйланган. Италиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Лука Жианзанти сыйлыкты тапшырып жатып, Отунбаеванын өлкөнүн өнүгүшүнө, демократияны орнотууга кошкон салымын жогору баалады. Сыйлык 1983-жылы уюшулган. Эч бир тоскоолдуктарга карабай коомду загруженоалдыга сүрөп, билимге, жаңы баалуулуктарга шыктандырган Италиядагы жана дүйнөдөгү аялдарга жыл сайын берилет.

Жаңы киргендер жана Минервалдар

Уюмду масондордун жана иезуиттердин үлгүсүндө курган. Адегенде үч базалык баскыч: Жаъы киргендер, Минервалдар жана сабаты жеткен Минервалдарга бөлгөн. (андан ары да баскычтары бар)  Алар эркиндик, тууганчылык, теъдик тууралуу айтышканы менен, Вейсгаупт жаъы мүчөлөрдөн катуу тартипти, кыък этпей сокурлук менен баш ийүүнү  талап кылган. Жаъы кабыл алынгандар өз жашоосу, мүнөзү жана достору, тааныштарынын, ошондой эле душмандарынын бардык ысымдары ж.б. тууралуу толук маалымат даярдалган. Алар эки жыл окуп, башка кандитаттарды чүмбөттөөгө милдеттүү болгон. Ага чейин иллюминаттардын сырлары айтылган эмес. Болгону аларга уюмдун бир эле адамы – аны ким чүмбөттөсө ошол эле билген. Иллюминаттардын уюму бир мезгилде культтун жана террористтик топтун мүнөздөмөсүнө (мүчөлөрдүн ой жүгүртүүсүн көзөмөлдөөсүнө) ээ болгон. Бул аспект иллюминаттардын Ассасиндер жана “Жаъы дүйнөлүк тартиптин” агенттери менен байланыштырууга жол берген.

ИЛЛЮМИНАТТАР КИМДЕР? Адам үчүн жалгыз мыйзам акыл-эс болот

Иллюминат латынча illuminati – агартуу деген сөзүнөн алынган масондук сырдуу уюмга кирет. Иллюминизмдин негизги түшүнүгү “агартуу” тагыраак айтканда, “акылдын жарыгын кабыл алуу”, ошондой эле батыштын мистикалык салты болгон: “Адам расасы бир үй-бүлөдөй болуп, акыл-эси гана калат. Адам үчүн жалгыз мыйзам акыл-эс болот”. Иллюминаттарды кутумдардын теориясында эъ маанилүү орунду ээлеген кооптуу, тынчтыкты бузуучу катары санашкан. Азыркы учурда аларды олуттуу да, коркунучтуу да уюм катары кабыл алышат. Аларды маалында бийлик менен бириккен Чиркөө куугунтуктап, акыры таркатып жок кылып тынышкан менен көмүскөдө жашашып, чоъ максаттарынан жазышкан эмес. Чынында, ар бир кутум терориясында иллюминаттардын аты аталбай койбойт: анын үстүнө шумпайлардын ысымдары белгисиз болуп, ар бир теоретик ар кандай версияны сунушташат. Иллюминаттарга франкмасондор, еврейлер, Иисустун тукумдары, ошондой эле рептилиод-кескелдик кейиптенген инопланетяндар кирет. Ошондуктан тарыхый жана ойдон чыгарылган иллюминаттар да бар.

Дүйнөлүк республикалык-демократия системасын орнотууну каалагандар тарыхы

XVIII кылымдын экинчи жарымында 1776-жылы Германияда “бавариялык иллюминаттардын” коому юриспруденциянын профессору, философ Адам Вейсгаупт (1748-1811 же 1830) тарабынан түзүлгөн. Алар шарттуу түрдө франкмасончулуктан өнүп, кеъири жайыла баштаган, а түгүл таасирдүү масондорду өздөрүнө тартып алышкан. Сегиз жылдан кийин алардын саны 200 миъге жетип, жалаъ аристократтар, белгилүү адамдардан турган. Бирок, жетекчиликтин талаш-тартыштарынан, көптөгөн кутумдарга аралашканы үчүн бийлик аларга тыюу салынуусунан улам  куугунтукка кабылып жок кылынган.  Жетекчиси Вейсгаупт жашырынып кеткен. Бирок жыйырманчы кылымда абал тынчыганда кайра эле баш көтөрүшүп, ири пландарды иштеп чыгып, «окутууну, агартууну» жана Минервалдарды түзгөн. Вейсгаупт өзүн Спартак атап, “туугандарын” өкмөттүн, католиктердин доктринасынын кулчулугунан эркиндикке алып чыгууну каалаган. Ал боюнча коомду, адамды жетилдирүү боюнча бир топ пландарды даярдап, католик чиркөөсүн кулатып, дүйнөлүк республикалык демократия системасын орнотууну каалаган. Тагыраак айтканда, бутпарастыктан алынган ойлорду жаъы ачылган акылмандык катары көрсөтүп, пантеисттик агымдардын жалган философиялык жорумдары, кара магиянын үрп-адаттары сыяктуу ар кандай үгүттөр аркылуу христианчылыкка каршы иштерди белендеп, акырындан тарса монахтарынын жол болуусун көздөп төъкөрүштөрдү түптөшкөн. Алар христиан цивилизациясын толук жоготуп, анын ордуна “сабаты ашкандар, же тандалгандар” башкарган бүткүл дүйнөлүк мамлекетти түптөөнүн анык саясый максатын коюшкан. Бул максатка еврейлердин финансылык олигархтарына бириккен сатанисттер (шайтанчылар) дымак берген. Мында еврейлердин финансы төбөлдөрү жана сатанисттер кимдер болгону, ошондой эле алардын кимиси үстөмдүк кылаары түшүнүксүз. Себеби, дүйнөнү башкарган масондордун 99 баскычынын акыркы 33 баскычындагы “левиттердин” (еврейлердин ыйыктары) шайтанга табынаары тууралуу айтылат.

Еврейлердин банктык капиталы бардык окуяларга «катализатор» болгон

Ал Еврейлердин банктык капиталы бардык окуяларга катализатор болуп ойноп, төъкөрүштөр жана “көзөмөлгө алынган хаостор” менен болгон согуштар аркылуу христиан дүйнөсүн талкалоо планын иштеп чыккан Ротшильддин кланы үчүн түзүлгөн. Анын жемишин бирөө гана көрмөк. Негизги идея, эларалык банктардын тармагы аркылуу жаъжал чыгаргандардын эки тарабын каржылоо болгон. Мунун натыйжасы сөзсүз өздөрүнүн пайдасына келген. Анткени, акыры жеъген тараптын дагы жеъилген тараптын дагы колдоочулары катары экөөнү теъ көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Иллюминаттар ири университеттерде торун жайган

Иллюминаттар коому университеттик чөйрөдө калыптанып, бүгүнкү күнгө чейин Батыштын ири Йель жана Гарвард университеттериндеги «Баш сөөк жана сөөк», «Плюүа лигасы» өъдүү коомдору аркылуу жогорку курстагы келечектеги таланттуу юристтер, саясатчылар, экономисттерди чүмбөттөшөт. Журналисттер, бизнесмендерди өз торуна илген кадимки масондордон айырмасы ушунда. Иллюминаттар жогорку каттагы катташкан масончулукту өз көзөмөлүндө кармайт. Ушундайча иллюминаттар катардагы масондордон бир кат өйдө туруп, антимасондор жазып келишкен жогорку каттагы белгисиз баскычтарга киришет. Эъ жогорку катта көмүскө бийликтеги өзгөчө сыр тутулган еврейлердин борбору ээлейт, башкача айтканда башка еврей кландары менен бириккен Ротшильдин кланы турат. Бул тар чөйрө Павел апостолу эске салган «вавилон туткундары» доорундагы мыйзамсыздыктын сырлары тууралуу Вавилондук еврейлерден алынган каббалисттик магияны практикалап, ал сырлар азыр аракетте дешет…

Белек Ногой

Булак: “Эл деми”

Отунбаева төмөнкү баскычтагы “иллюминаттардын минервалыбы?”

Токон Мамытов, генерал-майор: “Баарыбыз “шахид” болуп кетсек, мекенди ким коргойт..? Биз үчүн эң ыйык Конституциябыз жана Кыргыз Мыйзамдары”

Жакынкы Чыгышта диний терроризм күчөгөнү дүйнө элдеринин ар кимиси ар кандай усулдар менен коргонуу, коопсуздук чараларын алдын ала көрүүдө. Андай аракеттерден Кыргызстан да кыйа өтпөй, адегенде эле, аскерлерди тек такфирит-ИГИЛге каршы кандай согушуу керектигин шарият токтомдорунун негизинде даярдашты. Тагыраак айтканда, укук коргоо органдарынын жоокерлерине, офицерлерине «Куралчан такфириттер тууралуу шарият токтомдорунун Хукуму (өкүмү)» боюнча «ЭСКЕРТМЕ КИТЕПЧЕ» карматышты.  Аны «Дин, укук жана саясат» НАИЦ борбору даярдап бериптир. Башка маалыматы жазылбаптыр. Ал эскертмени барактап жатып, биздин солдаттар менен офицерлер купуя түрдө шарият боюнча кызмат өтөй баштаганбы же биздин өлкө шарият мыйзамдарына өтө баштаганбы деген ойго келдик. Бул памятка-китепче тууралуу генерал-майор Токон МАМЫТОВго суроо салдык.

-Акыркы учурда купуя түрдө офицерлер менен солдаттар үчүн шарият өкүмдөрүнүн негизинде эскертме китепче-памятка жазылып таркатылыптыр. Карап көрдүңүзбү?

-Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнө, солдаттарга кайрылуу экен. Китепченин (памятканын) авторлору, демилгечилери куралдуу күчтөрдүн катарында жүргөн жоокерлерге, офицерлерге террористер ким жана анын ичинен ИГИЛ дегенди түшүндүрмөкчү болушуптур. ИГИЛге каршы эмне кылыш керек, өзүн кандай алып жүрүш керек деген мааниде экен. Китепчеде ар кайсы жактан маалыматтарды чокулап алып, чаржайыт келген ойду жазганы аз келгенсип, хронологиясы да жок экен. Даана- так аныктамалары жок, чачыранды. Менин оюмча аны жоокерлерге, офицерлерге бергенге болбойт. Анткени бул жерде концептуалдык түшүнүк камтылган эмес. Бул конкретүү түрдө Куранга ссылка болуп, бирок сүрөөсү, аяты көрсөтүлбөгөн. Эң биринчи мен ойлойм бул памяткада дин аралык карым-катнашты бекемдөөгө багытталыш керек болчу. Сен мусулман эмессиң (каапырсың) сени өлтүрүш керек деген болбош керек. Анткени, Куран кыргызга же арабка гана берилген эмес. Жалпы дүйнө жүзүнүн элине берилген.

-Бул памяткада каапырларды өлтүргүлө. Силер муждахитсиңер деп жазылып атат. ИГИЛдин да чакырыгы дал ушундай, ИГИЛ менен ошол китепчедеги чакырык окшош болуп жатпайбы. ИГИЛге солдаттарды камдап берип жаткан жокпу?  Муну кимдер даярдаганын билсеңиз керек?

-Бул китептен “Религия, право и политика” дегенден башка маалымат көргөн жокмун. Бирок К. Маликов жазганга окшобойт. Муну билими төмөн адам жазгандай. Бул памятка Коргоо министрлиги же улуттук коопсуздук комитет күч структураларынын жетекчилиги менен макулдашып биргелешип, протокол менен бекитилип, мыйзамдуу таратылса болмок. Буга дагы өзүнчө паспорт керек. Болбосо, анын паспорту жок болуп атат. Демек, бул памятка мыйзамсыз. Себеби бул жерде сен “шахид болгонго даяр бол” дегендей жазылып атат. Келип алып сен шахид бол деп үйрөтпөстөн, тескерисинче жоокерге, “өлүп калыш оңой, сен өлгөнгө умтулбай биринчи элиңди, мекениңди коргогонго умтул. Экинчиден тирүү калганга умтул. Үчүнчүдөн тирүү калганга мүмкүн болбосо жаныңды элиң, жериң үчүн бер”-деп үч багытта үйрөтүшүбүз керек. Баарыбыз шахид болуп өлүп калсак элди, мекенди ким коргойт?.. Менин оюмча  атайын провокация катары жасалгандай.

— Өкмөттү коелу, күч структураларынын башчылары менен макулдашылбаган соң бул памятка тескери натыйжаларын бербейби?   

-Укук коргоо органдарына, жоокерлерге жана аскерлерге багытталса жок дегенде коргоо министри, жетекчилиги менен макулдашылып, талкууланып алардын да оюн угуш керек болчу. Себеби коргоо министрлиги, чек ара кызматы, ИИМ, УКМКлардын дагы өз оюу бар да. Баса белгилеп айтчу жагдай, биз светтик өлкө болгондуктан  биз үчүн эң ыйык конституциябыз жана кыргыз мыйзамдары. Жоокер ант берип атканда Конституция менен берип жатат. Биз светтик мамлекетпиз. Ошондуктан, террористтерден сенин айырмаң деп Конституцияга да Куранга да ссылка кылып, маани, маңыздуу даярдап, сөзсүз күч структураларынын жетекчиликтери менен макулдашып, анан таратса болмок.

-Бизге жеткен маалыматтарга таянсак памятка аскерлерге таратылган. Анын ичинде:  “Ант берип жатып, сен Алланын жолуна түшүп атасың”-деп жазылат. Демек, биз светтик эмес диний мамлекет болуп калабызбы? Бул жерде Конституция эсепке алынбай жатпайбы?

-Ошол себептен Конституцияга, кыргыз мыйзамына жана аскердик уставтарга ссылка бериш керек деп айтып жатам да. Ал аскердик устав деген жоокерлер үчүн конституциядан кийинки эң күчтүү мыйзам. Армия памятка менен эмес, ошол уставтар боюнча жашайт. Ушул мыйзамдарды, уставтарды Курандагы аяттар менен байланыштырып көрсөтсө, анан жоокерлер Конституцияны жана Куранды дагы сыйламак.

— Эч ким көңүл бөлбөгөн менен мамлекетке ушул шапалактай китепчеде чоң коркунуч катылып турганын байкадыңызбы?   

-Бул памятканы түшүнүгү бар адам окуса, анын кемтигин байкабай койбойт. Айрымдар “Биздин армиянын духун түшүрүп, аскерлер Конституцияны сыйлабаганга тарбиялап, бөлөк нукка алып кетейин”-деген таризде душмандар жазганбы деп ойлонот. Муну дагы жок деп четке кага албайм. Бирок, буга көп ишенгим келбейт. Терроризм болуп атат. Өкмөттүн, укук коргоо органдарынын көңүл буруусун каалап, жок дегенде колумдан ушул келет экен деп жакшы ой менен жазайын десе керек. Бирок, ар кайсы жерден тоокчо чокулап келгендиктен толук хронология болбогондуктан эки тараптуу болуп калды. Билими жок аскердин колуна бул китеп тийсе, антты Конституция менен берип эмне кылам..? Устав болбогон нерсе тура, ушул памятка менен жашашым керек турбайбы деп ойлонот. А армияда андай жок. Мен ойлойм бул китепче памятка билимсиздиктен, тажрыйбанын жоктугунан ушундай чийки жазылды деп. Кичине билими бар адам мындай китепчени жазбайт.

-Эмне үчүн аскерлерди ислам менен тарбиялаш керек? Өзүбүздүн кыргыздын эле каада-салты жана Конституциясы менен тарбияласак болбойбу?

-Бул дагы туура. Себеби чынын айтканда биз мусулман динин кийин эле кабыл алганбыз да. Биздин канда тоого ташка, атүгүл ата бабаларга да сыйынабыз. Бизде баланы тарбиялап атканда куранда, шариятта жазылган деп айтылбайт. Бизде кыргыздын каада-салтында, ата-бабамда мындай болгон эмес деп айтылат. Бул памяткада өзүбүздүн каада-салтыбызды да камтып кетсе ого бетер жакшы болот.

Ислам динин тынчтыктын дини деп айтат. Бирок, бул китепчеде “каапырларды өлтүргүлө” деп атат.

-Куранда астыңдан каапыр чыкса өлтүрүп сал деген жок. Куранда мындай деп жазылган. Эгерде душман келип, сенин диниңди тебелеп тепсеп, үйүңдөн кубалап, бала бакыраңды өлтүрүп атса ошондо гана колуңа кылычыңды алып, мекениңди, элиңди корго дейт. Согушуп атып дагы душман куралын таштап багындым десе сен да токтот кылычыңды кыныңа сал деп айтылган. А, бул памяткада тескерисинче кыра бер деп жазыптыр. Бул туура эмес.

-Бизде идеология жоктугунан улам ушундай чаржайыт көрсөтмөлөргө күнүбүз түшүп жаткан жокпу?

-Капиталистик бай өлкөлөрдө идеология жок деп. Бул туура эмес. Бай өлкөлөрдө, ошол эле Америка, Германия, Англия, Францияда диндери да бар жана мамлекеттик идеологиялары да бар. Алар мамлекеттин Конституциясында көрсөтпөсө дагы ошого карманышат. Ал эмне болгон идеология? Бул неолиберализм, неоконсерватизм деген эки чоң идеология бар. Мына ушуну колдонушат. Бизде болсо азыр идеология жок болуп атат. Бизде идеология иштелип чыга элек. Азыр айрым окумуштуулар, саясатчылар, коомдук ишмерлер, журналистер идеология мындай болуш керек деп айтып атат. Биз ошол идеологияны жаза электе өз идеологияларын киргизе калалы деп жатышат. Менин оюмча динде жаңы идеологиялар пайда болуп жатат. Мурда вахабизм, суффизм, салафизм, такфиризм болчу. Азыр ошолордун барын бир жыйынтыктап, неорадикализм, неоваххабизм дегендей бир багытка алып келип атат. Бүт адамга жакпаган радикалдык идеялогияларды динге бириктирип туруп, неорадикализм деп бизге таңуулаганы атат. Шапалактай деп элес албаганыбыз менен идеялогия ушундай китептер менен таркатылат.

загружено1439382585_1124041

Осуят ОСМОНОВА

Булак: “Эл деми”

Түркмөнстанда аялдарга 8-мартка карата президент тарабынан 11 доллардан акча берилет

Түркмөнстанда аялдарга 8-март майрамына карата президент тарабынан 40 манаттан (11 доллар) акча берилет. Бул тууралуу мамлекеттик маалыматтык агенттик билдирди.

Тиешелүү буйрукка президент Гурбангулы Бердымухамедов кол койду.

Буйрукка ылайык, 8-марттагы акчалай белекти ишканаларда, мекемелерде, уюмдарда иштегендер алат. Мындай белекти пенсиядагы аялдар, аспирантурада, докторантурада билим алгандар, студенттер, окуучу кыздар да алышат.

Булак: “Эл деми”

Түгөлбай Казаков, коомдук ишмер: «Биз эмне Юлий Цезардын тукуму белек?»

Кийинки кездерде жалпы окурмандардын талкуусуна алып чыгайын деген ойлорум бар эле. Алардын бири — биз колдонуп жүргөн ай аттары. Кыргыздын өз табийатына жуурулушкан ай аттары бар. Орустар келгенге чейин колдонулган. Совет доорунда бала бакчадан баштап окуу жайларда, ишкана-мекемелерде, айтор эл чарбасынын бардык тармактарында январдан декабрга чейин кулака куйулуп турду. Эми эгемен кыргыздар ошол 75 жыл бойу колдонуп келген ай аттарынын маанисин билебизби? Биз кимдердин этегине тооп кылып, кимдердин аттарын ыйыктап оозубуздан түшүрбөй жүргөнүбүздү карап көрөлү. Мен Москвадан чыккан орус тилинин этимологиялык сөздүктөрүнө тайанып айтайын.

Январь — бул сөз 11-кылымда орустарга гректерден, аларга латындан келген. Латынча күндүн кудайы — Янус дегенден алынган . Кыргыздар ай-күнгө, сууга-сүйүүгө дегендей өз-өзүнчө кудайларды шайлаган эмес. Жараткан бирөө деп жашаган. Азыр бүт дүйнөдөгү  диндер ушул түшүнүккө келген жокпу? Келди. Алладан башка Алла жок, (нет Бога кроме Бога) Кудайдан башка Кудай жок деп отурушат. А биз календарь чыгарсак эле кайдагы бир Янустан баштайбыз.

Февраль — орустарга 12- кылымда латынчадан келген. Тазалануу айы дегенди түшүндүрөт. Февралда тазаланып жүргөн орусту же кыргызды көргөн киши барбы?

Март — орустарга 13-кылымда гректердин мартиос деген сөзүнөн, аларга латынчамартиус дегенден келген. Сөздүктө сөз мааниси берилген эмес. Бул сөздүн маанисин түшүнбөй эле жазып да, айтып да келдик.

Апрель — 11-кылымда келген. Латынча априлус. Ал — күн жылыды дегенди билдирет.

Май — 18-кылымда келген. Латынча жаз кудайын майя дейт. Бул ошондон.

Июнь — 9-10-кылымда келген. Латынчасы Юниус. Ал Юния деген колбашчынын атынан койулган. Анын кыргыздарга кандай тиешеси бар?

Июль — 9-10- кылымда келген. Латынчасы Юлиус. Бул ай Юлий Цезардын айы деп эсептелген. Бул ай Цезардын менчик айы экенин ар бирибиз какшап кайталап келатабыз.

Август — гректерден, аларга латындан келген. Рим императору Августтун атынан койулган. Качанкы бир кайнаса каны кошулбаган императордун атын айтып да жазып да келатабыз.

Сентябрь — 11-кылымда келген. Латынча септембер. Септем -жети дегенди билдирет. Байыркы Рим календарында бул ай жылдын жетинчи айы болуп эсептелген. Бул өтө кызык маалымат.

Байыркы кыргыздар жылсанакты март айынан баштаганын азыр баары эле билсе керек. Ошондо биздин жылсанак бойунча да сентябрь жетинчи ай болуп атпайбы! Бул антикыргыздар айткандай жөн эле дал келүүбү?

Октябрь — латынча сегизинчи дегенди билдирет.

Ноябрь — 11-13-кылымда келген. Латынча тогузунчу дегенди билдирет.

Декабрь — латынча он дегенди билдирет.

Христиан динин туткан өлкөлөрдүн дээрлик бардыгында ай аттары ушундай. Алардын го дини менен континенти бир экен. Ал эми Азияда жаткан бизге эмне жок?!

Европалыктар жалаң эле ай аттары эмес, башка да көп жагдайларда орток дөөлөттөрдү түзүп алган эл. Ал эми түрк дүйнөсүндөгү ай аттарын айдасаң да жакындабайт.

Март айын алып көрөлү: Кыргызча — Жалган куран Түркчө — Март Казакча — Науруз өзбекче — Хамал Сахача — Кулун тутар ай Төбөче (Тува) — үч ай Крым татарча — Сабан (соко) айы

Эркиндик алгандан кийин кошуналар ай аттарын мурдагы калыбына келтиришти. Биз — кыргыздар Юлий Цезарь менен Юниянын тукумунан бетер алардын аттарына намаз окуп отурабыз.

Айлардын кыргызча аталыштары сунуш кылынганда көпчүлүк көнүп калгандан чыккысы келбей, адатынча ар бир өзгөрүшкө билип-билбей каршы чыкмайы кармап (бекер менен оңойго ыктаган эл ушундай болот тура), экинчиден аталыштардын маанисин түшүнбөй  (тагыраагы түшүнгүсү келбей), андан улам кулагына кирбей жерип туруп алды.

Кошуналарда улуттук ан-сезим мурдараак ойгонгон экен, бизге окшоп кыжыңдап отурбай эле өз тилине которуп алышты. Кошуна демекчи, өзбектерде айлардын өзбекче аталышы жок. Алардыкы январь, февраль деп жөнөйт, же фарс-араб тилинде хамал, жавз, саратон деп кетет.

Фарс-арабчасында жыл март айынан башталат. Башкача айтканда байыркы көчмөндөрдүн айсанагына өтүшкөн. Анда айлар 1инен башталбай, 21инен башталат. Мисалы, азыркыча айтканда 21-марттан 21-апрелге чейин биринчи ай — хамал.

Эгемендик «эски досторго» жөн келген жок. Куудулдар чыкты. Мисалы, Туркменстандын  мурдагы президенти Ниязов өзүнө Туркменбашы деген титул таап эле тим калбай, атын көзү көргөн жердин баарына койдуруп, ага да ыраазы болбой январга өзүнүн, апрелге энесинин, сентябрга китебинин атын койдуруп салган.

Төбөлөр (тува) айларга ат койгон эмес. Алар бир ай, эки ай, уч ай деп эле катарынан санап койушкан. Эми биз эмне кылышыбыз керек? Ай аттарына келгенде христиан дининде кала беребизби? Же христиандан качабыз деп арабчага кирип кетебизби ( ошондой да куудулдугубуз бар эмеспи)?

Кыргызча ай аттары кыжыйып эле эсибизге кирбей жатса, алардын себептери анча ынандырбай турса, анда башка жолун издеп көрбөйлүбү. Бул айдын аты сөзсүз эле текенин же кулжанын күүлөгөнүнө байланыш керек деген темирдей бекем эреже болбосо керек. Төбөлөр (тува) ат койуп отурбай эле катарынан санап жүрөт го. Бул бойунча окурмандардын ойу өтө маанилүү.

Ай аттары бойунча өз сунуштарым бар. Бирок аны окурмандарга тануулагансыбай, ойлорун уккандан кийин айтсам дейм.

Жети күндүн аттары. Биз колдонуп жүргөнү фарсча экен. Бу аталыштар эмнени түшүндүрөт? Кызыккан киши барбы?

Дүйшөмбү — фарсча ду шамба (ду — эки) Эки ишемби болот.

Шейшемби — үч ишемби.

Шаршемби — төрт ишемби.

Бейшемби — беш ишемби.

Жума — жыйын күнү. Ошондуктан намаз ушу күнгө койулган.

Ишемби — шамба

Жекшемби — бир ишемби. Эмне түшүндүңүз? Менимче илгери демалыш күнүн шамба деп, андан кийинкилерин шамбадан кийинки биринчи күн, экинчи күн ж.б. деген маанини берели дешсе керек. Антип кыйналып отурбай,  күндөрдү азыр өзүбүз айтып жүргөндөй эле катарынан айтсак эмне болот? Биринчи күн, экинчи күн деп келип, жетинчисин дем алыш деп календарга киргизбейлиби. Гениалдуу нерсе жөнөкөй болот дешет. Айтканда өз тилибизде, жөнөкөй, түшүнүктүү айтабыз да, жазганга келгенде жогоруда айтылган фарсы тилиндеги башы колтугунан чыккан аталыштарды календарга киргизебиз. Кандай дейсиздер?

Эгер туура эмес айтып жатсам менден акылдуулар бар, ондоп койушса андан жакшы.

Окугандардын баарына амандык каалап Түгөлбай КАЗАКОВ

Булак: “Эл деми”

Илим жана Турмуш, Ч.Айтматов атындагы Тил жана Адабият институту, Кол жазма фонду

Журналист Турат Акимовдун билдирүүсүнө каршы биринчилерден болуп коомдук ишмер Кайып Шери каршы пикир айтып чыккан. Ал Турат Акимов Абдил Сегизбаевдин заказын аткарып жаткан жокпу деп анын билдирүүсүн күмөнгө алган эле. Ошондон кийин, биз 2005-2010-жылдардагы эки революциянын каарманы Кайып Шериге өзүнүн күмөн саноолорун дагы толугураак тактап айтып берүүсү  үчүн кайрылдык. Жыйынтыгында көп сырдын башы ачылгандай болду.

– Сиз 2005 жылы  жана 2010 жылдардагы революцияларга катышкансыз, туурабы? Азыркы Атамбаевдин тегерегиндеги Акаев-Бакиевдердин кадрларын жакшы эле билсеңиз керек?

– Ооба, албетте.  Анан калса, Атамбаев өзү кесиби боюнча котормочу-жазуучу болгондуктан бул ошол Акаев-Бакиевдин пресс-кызматынын кызматкерлерине ставканы коюп жатпайбы. Булар “өлкөнү өнүктүрүү боюнча адиспиз,  Акаев- Бакиев бизди байкабай жүргөн” деп Атамбаевдин башын айландырып алганбы, айтор кайсы кызматта болбосун ошол Акаев менен Бакиевдин кадрлары отуру. Малеванаянын куйруктары Темир Жумакадыров өлкөнүн коопсуздук кеңешин башкарып жатса, Илим Карыпбеков деген неме ОТРКны “кара жашик” кылып алып, элдин башын айландырып жатат. Максимдин “любимчиги” экенине сыймыктанган Сапар Исаков өлкөнүн тышкы саясатын жөнгө салып жатат. Ал эми Акаевдин куйруктары Фарид Ниязов Президенттин Аппаратынын башчысы болуп олтурса, 2005- жылы 24-мартта Ак үйдөн сабалып куулган Абдил Сегизбаев өлкөнүн коопсуздук кызматын жетектеп жатат. Мен баарынан да ушу президент Атамбаевдин өлкөнүн коопсуздук кызматтарын  эч атайын билимдери жок Темир Жумакадыров менен Абдил. Сегизбаевге ишенип берип койгондугуна таң калам. Бүтүндөй дүйнө терроризмден жабыр тартып жатканда Атамбаев буларды мындай өтө жооптуу  кызматка коюуга эч моралдык укугу жок болчу. Бул президенттин аброюна шек келтирип жатат.

– Балким булар өзүлөрүн Президенттин аппаратында иштеп жатып көргөзө алышканынан улам Атамбаев буларга ишенип жатса керек да?

– Буга чейин булар анчейин деле чоң кызматтарды аркалаган эмес. Темир Жумакадыров  «Кеменгер» деген НПОдо жүрдү. Анан ошондон бийик секирик жасап, коопсуздук кызматынын секретарлыгына олтурду. А. Сегизбаев пресс-кызматтан башка иште иштеген эмес.. Ошондон улам журналисттер арасында “Коопсуздук кызматын мурдатан эле Президенттин аппараты көзөмөлдөп келген жана «юпигейт», «саруугейт», «Муфтийгейттер» Президенттин аппараты тарабынан иштелип чыккан” деген сөздөрдүн чындыгы бар го деп ойлойм. Балким, Темир Жумакадыров, Абдил Сегизбаевдердин ошол операцияларга тиешеси болгон. Себеби, бул операциялар күндөп-түндөп ОТРКдан берилип жатпады беле. Анан калса, буларга «Кыргызалтындын» кызматкерлери байма-бай кирип турушканы бекеринен эмес болсо керек.

Анда бул кызматта да булар көп нерселерди жасашы мүмкүн эле да. ММКларда СИЗОдон качкан зектердин өлтүрүлүшү УКМК тарабынан жасалган атайы операция болгон деген сөздөр бар. Бул боюнча генерал, офицерлердин атайы билдирүүлөрү да болду. Экспертизанын негизинде СИЗОнун башчысы Телтаевдин тумчутурулуп өлтүрүлгөндүгү тастыкталды.

– Адил Сегизбаев УКМКга кызматка  2014-жылдын 1-августунда келсе керек эле. Мына ошол күндөн бүгүнкү күнгө чейин эмне гана окуялар болгон жок. Канжар Кадыралиев, Турсунтай Салимов, Чыныбай Турсунбековдордун заказ иштери. Бул иштердин баары КСДПны тазаланып жаткан партия деген пикир жаратуу үчүн ишке ашырылды дешет. Албетте, бул иштин башында УКМК турду да. Бул кызматсыз, мындай иштерди жасоо өтө кыйын.

Анда бул проблемаларды көтөрүп чыккан «Азаттыктын» журналисттери Жанар Акаев, Улан Эгизбаевдер УКМКнын заказын аткарышканбы?

– Мен канчалык так экенин билбейм. Бирок, ММКлар жазганы боюнча Улан Эгизбаев, Адил. Сегизбаев, Президенттин биринчи аялы үчөө аталаш бир туугандар. Улан Эгизбаев менен Жанар Акаевд да «Азаттыктын» журналистери. Абдил Сегизбаев УКМКга келгенден кийин бул кызматтын ресурстарын пайдаланып активдүү аракеттерге өткөндөй. Жанар Акаев бекер тандалып алынган эмес. Себеби, ошол кезде УКМК «жаңы жүз» операциясын иштеп чыгып, анын негизги каарманы кылып Жанар Акаевди пайдаланууну чечкен. Бул жашыруун болду. Бирок, Жанардын акыркы иштери анын артында УКМК тургандыгын ачыктап койду. Мисалы, ЖК имаратына «намазкананын» курулушуна каршы чыгышы, анан Тимур Акимовдун ишин ИИМнен УКМКга  Абдил Сегизбаевге өткөрүп берүү боюнча билдирүү сунушу. Түштүктүк саясатчы эч убакта намазкананга каршы чыга албайт да. Болгондо да бул демилге парламенттин спикеринин колдоосуна ээ болуп жатса. Ошого Жанар Акаевдин аркасында УКМК жана Абдил Сегизбаев турат деп айтсак болот.

– Мындан башка да кыйыр же түз далилдер барбы?

– Мен ЖКнын өткөн чакырылышындагы депутаттар, сот, прокуролор менен тыгыз мамиледемин. Алардын айтымында Канжар. Кадыралиевдин иши боюнча Жанар Акаев менен Абдил Сегизбаев артыкча кызыкчылык артып келишкен. Бул боюнча соттор депуттартарга эле эмес, өз каналдары аркылуу президентке да даттанышкан жери бар. Президент угуп, өзүнүн пресс-катчысын чакырып, «тумшугуңду ар жерге сала бербе» деп катуу сөз болгон экен. Себеби, президент Канжар Кадыралиевге каршы заказ жасагандарын билсе, булар менен башкача сүйлөшмөк. Анткени Канжар Кадыралиевдин атасы, иниси Орунбай Түштүктөгү этникалык кагылышта элдин суранычы менен Өзгөнгө координатор болушуп, бул жактын элин аман алып калган экен. Ошого анын кызы КСДПдан депутат болгон. Атамбаев шайлоолор учурунда Өзгөнгө эл менен жолукканда булар да чакырылып, анын кызына сөз беришкен. Бирок, УКМКга ОПГ менен байланыштуу фамилия керек болгон окшойт. Заказ болбосо, кыргыз-өзбек конфликти бүтүп, Канжардын иши эле бүтпөй коймок беле.

Өткөндө сиз президенттин шоопуру жана Абдил Сегизбаев сизди коркуткандарын айттыңыз. Ал эмес, кафеден чыгып келатканда белгилүү журналист Азизбек Келдибеков экөөңүздөрдү белгисиз бирөөлөр сабап кетишкенин да кыйыттыныз. Ушуга кененирээк токтолсоңуз?

– Бул маселе жеке биз жана бул иштин артында тургандардын маселеси. Ошондуктан биз арыз менен эч жака кайрылган жокпуз. Убагы келгенде алар кечирим сурашат деп ойлойм. Бирок, 2005-жылы 24- март күнү мен Абдил Сегизбаевди тепкилеп жаткан топтон коргоп, аман алып калган элем. Анан бул аны унутуп коркутуп жатканына таң калбай койбойм. Адамдар бат эле баарын унутуп калат экен да.

 – Абдил Сегизбаевдин Акаевдин учурунда да ушундай бийликти одоно колдонгондугу тууралуу пикир бар. Кыязы, ошондон улам 24мартта аны жаштар тепкиге да алышкан. Сиз муну тагыраак билсеңиз керек?

– 2005-жылдын 24-мартына чейин Фарид Ниязов,  Абдил Сегизбаевдер ошол кездеги оппозиционер Алмаз Атамбаевге каршы иштеп жүрүшчү эле. Акаевге Атамбаев жөнүндө ар кандай маалыматарды алып кирип турушкан. Анан Атамбаев буларга азыр кантип ишенип жатат деп түшүнбөйм келгем. Бирок, бул жөнүндө ММКларда чыккан маалытматардан улам булар мурда эле Атамбаев менен бирге болгон турбайбы деп калдым. Себеби, Абдил.Сегизбаевди анын апасынын подружкеси Токтайым Үмөталиева «Сорос» фондунан жетелеп келип, Осмонакун Ибраимовго тааныштырат. Ошентип ал пресс-секретарь болду. 2005-жылы 24- мартка жакын Президенттин аппаратынын жетекчиси Тойчубек Касымов менен Осмонакун Ибраимов бири-бирин колдобой, эки башка саясат жүрүгүзүшкөн. Ошол кезде Осмонакун. Ибраимов менен Абдил Сегизбаев эфирдин бетинен түшпөй, күн сайын теледен чыгып, элдин кыжырын келтирип турду. Тойчубек Касымов Абдил Сегизбаевди катуу демитип, “сен эмне эле тырындайсын «Сорос» фондунан үйрөнгөнүң ушубу? Таптаза туура эмес кетип жатасын, президентти уят кылып койбо” дегендей болгон экен. Анан 24- мартта эртен мененки саат 09.00. Осмонакун Ибраимов өз арызын жазып, Ак үйдөн чыгып кеткен. Башкача айтканда, булар “Атамбаев бийликке келип калса, кайра келебиз” деген өз ара келишимдердин негизинде сатып кетишкен. Бирок, Бакиев “мен президент болом” деп, сөз укпай, бийликке келген. Мына азыр да Осмонакун Ибраимов, Чынара Жакыпова, Токтайым Уметалиевалар  Атамбаев менен Абдил Сегизбаевди ачык колдоп жатышат.  Баса, ошол кезде Абдил Сегизбаевди чет өлкөлүк элчиликтерге, коомдук уюмдарга маалымат ташып жатабы деген да кооптонуулар болгон экен. Азыр да ал бийликке «Азыттык», ж.б. ар кандай чет элдик уюмдарда иштегендерди тартып жатышканы байкалуда.

Эл арасында Атамбаевдин эң жакындарынын бири Сагын Абдрахманов менен террорист деп куноого тартылып жаткан Э. Абдрахманов ага -ини экендиги айтылууда. Ал эми Бишкектин мэри болуп дайындалган  Албек Ибраимов (Эркин Кунакунов) менен террористтерге жардам берген деп СИЗОдо камалып жаткан Максат Кунакуновдор да тууган экенидигин ал өзү жар кылды. Бул СИЗОдон качкан зэектерге каршы атайы операция колдонулган деген пикирди ачыктап жаткан жокпу? Булар шпион эмеспи?

– Мен Сагын менен Эдилдин кандайча тууган экендигин билбейт экем. Эгер андай болсо, анда сиздер УКМКны талылуу жерден кармадыңыздар. Минтип кармалуу өтө уят. УКМК кызматы үчүн. Бул деген УКМКны, Темир. Жумакадыров, Абдил Сегизбаевдер толук банкрот кылды дегенге барабар. Менимче, депутаттык комиссия түзүп, бул ишти изилдеп чыгыш керек. Бул улуттук коопсуздук кызматынын ресурстарын, күчүн одоно колдонууга жатып калат. Мунун арты менен президент Атамбаевге да импичмент жарыяланып калышы мүмкүн. Себеби, УКМК адамдардын өмүрүнө коркунуч туула турган чон операцияларды президент менен макулдашмайын жасай албайт. Ал эми бул операциянын айынан 14 адам жана операция учурунда кесипкөй эмес, шалаакы аракеттердин айынан  түнкүсүн атып өлтүргөн бейкүнөө эки адамды кошкондо 16 адам каза тапкан.

– Анда Сиз Жанар Акаев, Турат Акимов баары бир өрүмдөгү иштер деп жаткан турбайсызбы?

– Ооба. Так ошондой. Булар Жанар Акаевдей кылып, Турат Акимовду да колдонолу деп чечишсе керек. Себеби, бийлик бүгүн өз аброю түшүп кеткендигин билип жатат. Ошого азыркы бийликте олтурган акаев-бакиевдик кадрлар Турат Акимовду өзүлөрүнө кошуп, кичине элди алдай туралы деп чечишкендир. Турат Акимов балким аны пайдаланып жатышканын билбей да калгандыр.

– 2010-жылдын 7- апрель күнү бийлик борбордук аянтта элди атып жатса,  “Атамбаев душ кабыл алып үйүндө олтуруп алган” деген сөз бар. Ошол күнү Атамбаев менен Суваналиев бир пикирге келише албай, экөөнүн ортосунда жарака кеткен деген сөз бар?

– Ал мындай болсо керек. Аянттагы балдар Атамбаевди күтүп калдык. Бирок, ал жок. Бир маалда “Өмүрбек Суваналиев, Өмүрбек Бабанов, Мелис Турганбаев, Руслан Казакбаев,  Дүйшөн Рысалиевдерди алып Алмаз. Атамбаевдин үйүнө кетишти” деп калышты. Барса, Икрам Илмиянов менен Болот Сүйүнбаев ошол жерде экен. Шопур адатынча келгендерге эшикти ачып-жаап киргизип, чыгарып туруптур. Үйгө Өмүрбек Суваналиев, Өмүрбек Бабанов, Мелис Турганбаевдер кириптир. Атамбаев диванга кериле жатып алып кабыл алыптыр. Ал Бабановду «ии, эми келдиңби?» деп кагып-силкип, Мелис Турганбаевди омуроолоп калыптыр. Өмүрбек Суваналиев  “эй, Алмаз токтот! Мен сага балдарды алып келдим. Эптеп токтолу, тиги жакта жаштарды атып жатышат. Жаныш түштүктү көтөрүп чоң чатакты баштап жибериши”  мүмкүн деп сез берсе, анда Атамбаев “кытай тууганым, сен ким болгун келет? ИИМге министр же УКМКны ал дейт. Суваналиев “сен эмне, мага кызмат бергидей президент болуп калдыңбы? Алмаз жүр аянтка, элге чык. Чоң чатак башталгыча эптеп убакытты утуп. Абалды сактап калалы. Мелис Турганбаевди Бишкек ГУВДга начальник кылып дайындагыла, мен ага жардам берейин, азыр шаарды талап-тоноо, мародерчулук башталат” дейт. Атамбаев “Эч нерсе эмес, Чынгызхан деле шаарларды басып алганда үч күн талап-тоноого уруксат берген. Азыр буларды да эч ким токтото албайт. Талай берсин. Мелис Турганбаев ГУВДга начальник болуп иштей албайт”,  деп коёт. Ошол маалда Атамбаевдин аялы кирип, шорпо сунуштап калат. Атамбаев “шорпо ичкиле. Мен душ кабыл алайын” дейт. Өмүрбек Суваналиев “өлкө канга боёлуп, тымтыракайы чыкканы турса, шорпо ич дегениң кандай?. Кан төгүлүп кетти, атылган балдардын убалы кимге? Мен иштеше албайм” деп чыгып кетиптир. Өмүрбек Бабанов менен Мелис Турганбаев Атамбаевдин шорпосун ичип кала беришиптир. Ошол бойдон Өмүрбек Суваналиев “бул кан менен келген бийлик менен иштешпейм” деп канча жолу кызматка чакырышса да барбай койгон дешет. Ошого Атамбаев ага таарынып калган деп айтышат.

Кайып Шер, Апрель Баатыры: “Абдил Сегизбаев Коопсуздук кызматын банкрот кылып жатат”

Темир Сариев айыл чарба жана маданият министрлеринин орун басарлары Эркинбек Чодуев менен Айнура Темирбековаларга сөгүш берди

Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнүн аппаратынын жетекчиси-министр Нурханбек Момуналиев 2015-жыл жыйынтыгы боюнча, мамлекеттик органдардагы ченемдик-укуктук актыларды жана келип түшкɵн тапшырмалардын аткарылышы, аткаруучулук тартиптин абалы тууралуу маалымат берди.

Өкмɵтүнүн аппаратынын жетекчиси маалымдагандай, ɵткɵн жылы 2014-жылга салышытырмалуу документтерди аткаруу мɵɵнɵтүнүн бузулушу 11,3 % дан 5,7 % дейре кыскарган, ошол эле учурда министрлик жана ведомстволордун жетишсиз ишин белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев белгилегендей, мамлекеттик органдардын бардык жетекчилери аткаруучулук тартипти так сактап, ɵз ишине берилүү менен аткаруусу тийиш.

Өкмɵт жыйынынын соңунда тɵмɵнкүлɵргɵ: Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуевге,  Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиевге, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбековага сɵгүш берилди. Ал эми Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин статс-катчысы Зуура Баямановага, Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнɵ караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамагенттигинин статс-катчысы Таалайбек Бɵлɵбаевге, Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнɵ караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамагенттик директорунун орун басары Уланбек Рыскуловго эскертүү берилди.

Азимбек Бекназаров, экс-генпрокурор: "Аман эле болчу, Текебаев! Сен көбүнчө оппозиция терисин жамынып 25 жылдан бери саясатта жүргөнүң менен, тымызын ар качан бийлик менен жүрөсүң"

Өмүрбек  Чиркешович, сен айткандай “Майдаланбай, дүңүнөн ой жүгүрткөн баатыр” катары мен жөнүндө ММКага чыккан интервью-маалыматтарга, анын ичинде буюртма ушактарга да жооп бербей, сага окшоп журналисттер менен соттошуп көрбөгөн жаным бу сапар сен Келдибековдун сотуна келип, “калчылдап-титиреп” берген көрсөтмөңдөн кийин бир эле убакта ондогон ММКга  “граждандык позицияң” менен “адамгерчилик позицияңдын” ортосунда  күрөшүп жатып “прагматикалык саясатчы” катары  “Азимбек Бекназаровдун койгон тузагына түшүп бербеген, аңкоо саясатчы болбой”,  берген интервью-макалаңдан кийин, мен да  сага окшоп анча-мынча “граждандык парзымдан” кутулайын деп жооп жазууга  аргасыз болдум.

Макала-интервьюңдун башынан аягына чейин өзүңдү “прагматик саясатчы” катары көрсөтүп, эгерде Келдибеков соттолуп кетсе “мен сотко барбайм десем болбой Бекназаров чакыртпадыбы”, ошол үчүн  мен чындыкты аргасыз айткам, ал эми акталып кетсе, “сотто мен Келдибеков  чоң коркунуч болбой калды, бул иш актуалдуу эмес, жоопко тартпаса деле болот деп  айткам, Келдибеков ошол үчүн акталды”- деген кош максатты көздөп,  баягы эле өтө этияттык кылып,  “оппозиция терисин жамынган, бийликчил” эки Текебаев бойдон дагы деле жүргөнүңдү далилдепсиң. Дагы бир максатың Бекназаров менен Келдибековдун ортосуна от коюу.

Сотко сени мен Келдибековду соттотуп же актатып алуу үчүн эмес,  Башкы прокуратурага Келдибековдун үстүнөн кылмыш иш козгоо боюнча “Ата-мекен” фракциясынын чечимин чыгарып, кол коюлбаган, печаты жок, эч ким күбөлөндүрбөгөн ксерокопия документтерди тиркеп жөнөткөн катыңды “кантип эле республикага эмгек сиңирген юрист Текебаев ушуну жиберсин” деп күмөн санагандан кийин, аны тактоо үчүн чакырткам.

Сотто болсо, менин берген суроолорума: “биз жибере беребиз да, аны кылмыш козгогондордон сура”-деп бардык мыйзамсыз  нерселерди адатыңча Салянова айымга аңтара салып кутулуп жаттың…  Мына сенин “адамгерчилик позицияң”!

Сотто Келдибековдун Парламентте айткан стенограммада сакталып калган сөзүн окуп,  “мына биз  3-4 кошумча штатка добуш бергенбиз, а Келдибеков  “спецпредставитель” деген токтомго алмаштырып салыптыр”- деп анын өзүңө ыңгайлуу жерин окуп бердиң, же төрагалык кылуучу судьянын кыргыз тилин билбегенинен пайдаландың. Биздин сага: бул окуганың депутат Келдибековдун Парламентте   сүйлөгөн сөзүбү? – деген сурообузга “Ооба”- дедиң.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 72-беренеси боюнча депутат Келдибеков Парламентте айткан ой-пикири үчүн жооп береби? – десек “Жок” –дедиң. Анда эмне үчүн Келдибеков жоопко тартылып жатат?- десек, “аны прокурорлордон сура“-дегендей, аны да бечара Саляновага түртө  салгандай болдуң. Ушубу сенин  “граждандык позицияң?

Өмүрбек Чиркешович, биз сотто 50дөн ашык депутатты сурадык, анын ичинде 10 чактысы “Ата-Мекенчилер”, алар  “биз  “спецпредставитель”  каралган токтом долбооруна  добуш бергенбиз дешти, жалгыз сен “андай токтом жок болчу” деп  жатасың?- деген суроого: “Алардын уяттары жок  да, айта берет да деп, ал депутаттарды шылдыңдагандай жооп берип, анан Өмүрбек Абдрахманов деген экс-депутаттын “түбүнө жетериңди”,  анын устүнөн жаңы арыз жиберип жатканыңды “калчылдап” жатып айттың. Ошондо сенин жан-дүйнөңдүн позициясы кандай абалда экени байкалып турду. Абдрахмановдун үстүнөн арыз жазып жатканыңдын Келдибековдун ишине эмне тиешеси бар эле? Жан-дүйнөсү соо адам аны айтпайт эле. Муну кандай позицияң деп түшүнөбүз?

Акырында,  89 депутат добуш берип токтом алынса, Өкмөт аны каржыласа, бюджет мыйзамына Президент кол койсо, бул маселе каралып жатканда Өкмөт менен Президенттин өкүлдөрү каршы болбосо, эмне үчүн бул токтом мыйзамсыз болот?-деген суроого: “Биз баарыбыз заблуждались”- дедиң,  мен баарыңардын “заблуждениеңер үчүн жалгыз Келдибеков жооп бериш керекпи?- десем, унчукпадың. Муну “Заслуженный юрист” Текебаевдин кандай позициясы деп түшүнсө болот?

Дагы бир суроого, “Келдибеков “атайын өкүлчүлүктү” партиялашы үчүн өзү эле ачып салыптыр, аны биз кийин билдик”- деп жооп бердиң.

Иштин ичиндеги “Ата-Мекен” фракциясынын бардык документтеринде “спецпредставительство” жөнүндө айтылып эле жүрбөйбү, ал жерде Келдибеков “өзү токтомду жасап  салыптыр”- деген бир да сөз жок, аны сотто 1-жолу өзүң айттың, мурда “подмена” деген сөз айтылбаган, бул Текебаевдин эмне деген позициясы?

Интервьюңда  “мени сотко  Бекназаров эле алып келди, болбосо келбейт элем, сотто мындай чындыкты айтпайт элем”- деп кайра-кайра  өзүңдүн жеке “чындыгынды” айтыпсың. Бүгүнкү күндө сенин прокуратурага жиберген  “фальшивый” документтериң менен  кылмыш иш токулганы, Келдибековго айып угузулганы, сенин көрсөтмөң менен  кылмыш иш козгоо токтому коендой окшош экени менен далилденүүдө, бирок сенин айткандарыңды  колдогон, тастыктаган бир дагы башка далил жок, жок дегенде сени колдогон “уяттуу” 2-3 ата-мекенчи депутатты, “буйругуңду” аткарган Салянованы ээрчитип келип көрсөтмө бердиртип койсоң жүзүң жарык болмок, бирок ага  “прагматик” чамаң жетпейт ко?!

Акыркы жылдары эл аралап жүргөн бир макал бар: “Азимбектей адвокатын болсо, прокурордун кереги жок”- депсин.  Эл арасындагы  “Текебаев марадерлордун  ана башчысы”,  “10 чакты ата-мекенчи, Текебаев бизди алдап кетти деп “мошенник” катары сотко бергени жатат экен”,  “БНКны рейдерлик кылып басып алды”,  “Бакиевдин үйлөрүн өрттөп, айрым офистерин тартып алган”- деген эл арасындагы сөздөрдү кокусунан укпадыңбы?

Спикерлик орун талашууда Келдибековго утулуп калганың үчүн атайын буюртма кылмыш токутуп, ал ишиң Салянованын Башкы прокурорлуктан, Нарынбаевдин Президенттин Аппарат жетекчилигинен кеткенден кийин  “катуу көзөмөлгө” алынбай, сотто сенин фальшивый көрсөтмөң, каттарыңдан башка далил жоктугунан, соттор эмне кыларын билбей турганда  өз мезгилинде  “кош максаттуу” интервью менен өтө  “прагматиктик” кылып басым жасоого аракеттенипсиң.

Өмүрбек Чиркешович, мен сендей акаевдик заслуженный юрист болбосом да, советтик доордо эки юридикалык окуу жайын артыкчылык диплому менен бүтүргөн юрист катары Жогорку Кеңештин Москвада ачылган “атайын өкүлчүлүгү” үчүн кимдир бирөөнү соттойлу десек, анда  өзүңдү баш кылып добуш берген 89 депутатты, ошол күнү Парламентте Өкмөттүн өкүлү болуп олтурган Д.Нарынбаевди, Президенттин өкүлү болгон А.Салянованы, Бюджет жөнүндө мыйзамга  кол койгон бардык Өкмөт мүчөлөрүн, Президент Р.Отунбаеваны – баардыгын жоопко тартуу керек деп айтаар элем.

Анткени бюджеттин акчасы ушулардын айынан “талаага” чачылды. Ушундай болсо адилеттүү, мыйзамдуу, калыс чечим болот,  ага Келдибеков да макул. Мен аны көндүрөм, сен айткандай “прокурор” болуп.

Антпесе,  баарыңар үчүн бир Келдибеков жооп бергени кудайга да жакпайт, урматтуу “заслуженный юристим!”

Убагында сага окшогон эле адам бийлик адамдарынын жалган арыз-билдирүүлөрү менен буюртма жалган кылмыш иштер токулуп, жоопко тартылышкан И.Исаковдун, И.Кадырбековдун, Э.Булекбаевдин, У.Рыскуловдун, С.Аргынбаевдин, Балыкчыдагы 19 адамдын, К.Ташиевдин, Т.Мамытовдун, С.Жапаровдун ж.б. адвокаты да болгом.”Матрешка-гейтте” сени да жактагам. Келдибековдун сотуна келип көрсөтмө бергендеги абалыңды көрүп, ал жерде турган адамдарга “Текебаев досумдун бүгүнкү акывалын көрүп, Акмат сени эмес, Текебаевди коргогум келип кетти, деп айттым. Бул сөз жөн жерден айтылган жок, Өмүрбек Чиркешович! Мен сенден айырмаланып Келдибеков мага эч качан саясий оппонентим болгон эмес. Саясий өңүттөн, жасалма  буйрук иштер токулуп,  ким болбосун ак жерден саясаттан четтетүү үчүн жоопко тартылса, эгерде ал мага юридикалык жардам бер деп кайрылса, ал “Акаевдики”, “Бакиевдики” же Атамбаев, Текебаевдики экенине карабай, адилеттүүлүк, мыйзамдуулук үчүн колумдан келишинче чын жүрөктөн жардам берем.

Адилеттүүлүк, мыйзамдуулук учүн күрөшүү менин тубаса позициям. Мен саясий оппоненттерим менен бетме-бет, тике, мыйзам талаасында ачык, көзмө-көз туруп күрөшөм. Сага окшоп бирөөнү артынан, же бирөөнүн колу менен душманыма эч качан  бычак сайбайм. Саясатта Келдибековго караганда сен мага жакынсың, үзөнгүлөш болгонсуң. Нечендеген саясий күрөштөрдө катар жүргөнбүз. Бирок көбүнчө оппозиция терисин жамынып 25 жылдан бери саясатта  жүргөнүң менен, тымызын ар качан бийлик менен жүрөсүң. Бул сенин саясатчы катары акылдуулугуң, куулугуң. “Экөөбүз бири-бирибизди  абдан жакшы билебиз”- деп туура айткансың.

Ошон үчүн сени жакшы билген киши катары сага менин кааларым, аман эле болчу, Текебаев!

Азимбек Бекназаров, экс-генпрокурор

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Жол кайгуул кызматы менен бирдикте жол белгилеринин мамлекеттик тилде жазылуусун көзөмөлгө алууда

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик  тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Э.Эрматов Ички иштер министирлигинин Жол кайгуул кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары Т.И.Дегенбаев менен жолугуу учурунда жол белгилеринин мамлекеттик тилде жазылуусун көзөмөлдөө боюнча тапшырма берген. Бул сүйлөшүүлөрдөн соң эки тараптын биргелешкен иш-мерчеминин негизинде  ЖККнын жол көзөмөлдөө бөлүмү жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча түзүлгөн жумушчу топ Чүй облусу жана Бишкек шаарынын аймагында 2016-жылдын 25-январынан 4-февралына чейин рейд өткөрдү. ЖККнын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги М.Сандыбаевдин билдирүүсүнө караганда рейд учурунда катталган туура эмес жазылган, макулдашуусуз илинген жарнама такталар, жол белгилеринин 70%ы ирээтке келтирилген. Аталган мыйзам бузуу фактылары боюнча 35 административдик протокол түзүлүп, жалпы 17500 сом өлчөмүндө айып салынган.

Видео - “Евровидение” сынагынын тандоо айлампасында Путин жөнүндө пародия көрсөтүлдү

Словенияда “Евровидение -2016” сынагынын улуттук тандоо бөлүгүндө жергиликтүү ырчы, актер жана куудул Клемен Слаконья Орусия президенти Владимир Путин жөнүндө ыр аткарды.

Бул туурасында “Свобода” радиосу билдирет. Шоу учурунда ал Путиндин фамилиясын англис тилиндеги “put in” этиши менен айкалыштырып, тамашага салган. Видео тасмада куудул “Путин циркинде” ойноп, илбирстерге аңга чыгып, күч түзүм кызматкерлери, балериналар менен бийлеп, футболчуларга кызыл карточка таркатат.

Бул чыгарма аркалуу Салаконья чоң мамлекеттин президенти болуш кандай керемет экендигин ишаарат кылган.

Клемен Слаконья Любляндагы словен улуттук “Драма” театрындагы труппанын мүчөсү. 2007-жылы, ноябрда “Хри-Бар” телешоусуна катышып, белгилүү музыканттарды пародияга салгандан кийин атагы чыккан.

Медербек уулу Адилет, 9-класстын окуучусу: " Эне көргөн тон бычат…" эссе

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия уюштурган «Сен сүйгөн кыргыз макалы» аттуу эссе жазуу сынагынын баш байгесине татыган катышуучунун омоктуу ойлорун камтыган дил баянын сунуштамакчыбыз.

“Сен сүйгөн кыргыз макалы” аттуу эссе жазуу боюнча республикалык сынактын баш байгесинин ээси,

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы №2 орто мектебинин 9-классынын окуучусу

Медербек уулу Адилет

Эне көргөн тон бычат…

Сан жылдар көөнөрбөй жашап келген эл чыгармачылыгы элдин акылына, эмгегине, табигый шартына, тарыхый окуяларына жараша өсүп-өнүгөт. Кайсы гана элди албайлы, алардын ата-бабаларынан калган көптөгөн баа жеткис мурастары бар. Макал-лакаптар ошол ата мурасы болгон ыр, жомок, эпос, табышмак, дастан, жаңылмач, казал, аңгеме сыяктуу тил өнөрүнүн бир булагы болуп саналат. Булар оозеки чыгармачылыктын көрүнүктүүсү, эл арасына эң көп тараганы жана укмуштуудай кызыктуусу. Макалдардын пайда болуу тарыхына көз чаптырып карай турган болсок, ал ар бир элдин көз карашынын, улуттук өзгөчөлүгүнө жараша пайда болгон акыл-эстин жыйындысы. Кээде айтыла турган ойдун ордун макал өзү эле аткара алуу касиетине ээ. Сүйлөп жаткан киши макал-лакапты колдонуу менен сөзүнүн маанилик деңгээлин көтөрүп, оюн терең, таасын берет.

Түрдүү тарыхый доорлордо коомдук өзгөрүштөргө карата жаңы-жаңы макалдар эл тарабынан жаралып келатат. «Сөздүн көркү – макалда» дегендей, кыргыз эли кылымдар бою сөз күчүн баалап, сөз кадырын билген эл. Алар таамай айткан курч сөзгө жыгылып, же мактоо сөздүн таасири менен зоболосу көтөрүлүп, эл алдында кадыр-баркка жеткен. Ошондуктан эл «Жакшы сөз жан эритет» , «Малга жарды кылса кылсын, сөзгө жарды кылбасын» деп улуу тилдин, курч сөздүн баркын түшүнгөн. Макал элдин орошон акылынын, даанышмандыктын жыйындысы болуп эсептелет. Ал аркылуу адамды туура жашоого, маңыздуу өмүр сүрүүгө тарбиялап келишкен.

Аталган сынакка катышууну чечип, бирок кайсы макалдын үстүндө жазууну чече албай көпкө толгондум. Анткени кыргыз элинде макалдар абдан көп. Акыры «Эне көргөн тон бычат» деген макалга токтолдум. Жакында биздин үйгө таенем келген эле. Кичүү инимдин туулган күнүнө арнап оюнчук, кийим-кеченин ордуна колго саймаланган жаздык алып келгени мени ойго салды. Жоктон барды тапкандай кубанып кеттим, буюмга эмес, эмне жөнүндө жазарыма ошол саймалуу жаздык себеп болмокчу болду. Кичүү таенем менен чоң таенемдин өнөрү жөнүндө сөз козгоону эп көрдүм. Менин таенеме апасы чеберчиликти үйрөткөн экен. А таенем болсо өз кызына, апама «жороп» деп аталуучу килем согууну, сайма саюуну үйрөтүптүр.

Биздин үйдө нукура таза табигый буюмдар бар. Алар жүндөн токулган килемдер, абдан кооз саймаланган жүк тирелген жаздыктар. Булардын баары таенемдин бармактарын жоорутуп жараткан эмгектери. Апам кичинекей кыз мезгилинен тартып бой жеткиче өз колу менен сайма сайып, сеп камдап жүрүптүр. Алардын арасында чоң таенемдин жасагандары да бар. Таятамдын кышында үстүнөн түшүрбөй кийип жүрүүчү аппак булгаары тону болор эле. Аны меринос коюнун терисин ийлеп ашатып, бычып-тиккен экен. Муундарга уланып келе жаткан бул сыяктуу өнөрлөр мени таң калтпай койгон жок. Ар бир эне өз кызына ушул сыяктуу өнөрлөрдү үйрөтсө, мунун өзү улуттук дөөлөт эмеспи.

Чоң таенем сексен беш жашта. Жылына бир жолу кышкы эс алуу күндөрүндө биздикине мейманчылап, өрүк зарлуу Баткенден келип турат. Ал жашы бир топко барып калса да бирөөнүн жардамысыз өзү басат. Атүгүл чебереси биздикине же кичүү таенемдикине келгенде үйдөгү майда-барат иштерге кол кабыш кылмайын тура албайт. Мисалы төшөк шырый коет, жүн ийире калат. Ал алты кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн. Кыздарынын баарын килем токуу, сайма саюу, өрмөк өрүү сыяктуу өнөрлөргө үйрөткөндүгүн өз оозунан көп уккам.

Таенемдин таар сокконуна, курут жаюу үчүн камыштан себет токугандарына жайкы каникул учурунда өзүм да күбө болгонмун. Ойлонуп отуруп өзүмдүн теңтуш кыздарымдын көпчүлүгү мындай өнөрлөрдөн кур калганын эстейм. Азыр баары даяр, кызга берилүүчү септи апасы өзү жасабастан, чеберге буюртма бере коюшат. Көз тайгылткан сеп буюмдарынын канчалык маңдай тер агызып, бармак жоорутуп жасалганын көрбөгөн кыздар кайдан билмек анын баркын? Анан кантип өз кыздарына кийин эне болгон учурунда таенелерим сыяктуу өз өнөрлөрүн үйрөтө алышат? Бул өнөрлөр да бара-бара кызыл китепке киргизилип калбайбы деген суроого кабыласың. Кыргыз эли кыздарын өстүрүп-тарбиялоосунда алардын адебине, жүрүм-турумуна, өнөр үйрөнүүсүнө катуу талап коюшкан. «Кыздуу үйдө кыл жатпайт», «Кызга кырк үйдөн тыюу» сыяктуу макалдар кыздарга коюлган талап, аларды тарбиялоого болгон багытты мүнөздөп турат. Кыз баланын ыйман-ызаты, үй-бүлөлүк турмушка даярдыгы баарынан мурда ата-энеге байланыштуу. «Эшигин көрүп төрүнө өт, энесин көрүп кызын ал» деген кептер ушундан улам көп айтылган.

Айтылуу «Манас» эпосундагы баатыр Манастын жубайы Каныкейдин да уздугу, акылдуулугу, бүйрөлүгү боюнча бааланып, «канга ылайыктуу жар» дешип никелешкен эмеспи. «Жакшы аял жаман эрди жакшы кылат, жакшы эрди элине баш кылат» дегендей Манасты Манас кылган да Каныкей энебиз болгон. Курманжан датка энебиз да кысталыш учурунда белги берүү үчүн жибекке сайма сайып, Алымбек даткага жибергенин айтпай кетсек болобу.

Илгерки ата-бабаларыбыз салтты катуу кармагандыктан, кыздары ыймандуу, адептүү болушкан. Айтарым жогоруда айтылган чыгаан кыздардын ысмы жомокко айланбастан, арабызда уз-чеберлер, өрмөчү-саймачылар, ыймандуу-адептүүлөр көбүрөөк болсо деген гана изги тилегим бар. Өнөрлүү адамдардын билгендерин биз, жаштар алып калсак.

Чоң таенем былтыркы кышта келип, кайра кайтканда дагы келип туруусун айтсам ал: «Ээ балам, балким акыркы келгеним ушулдур, сапарым карып баратат менин да»,- дегенин эстесем азыр да так ошондогудай тамагым буулуп, ыйлагым келип кетет. Чоң таенемдин быйылкы кышта да биздикине меймандап келишин чыдамсыздык менен күтүп жүрөм. Анткени кышка бир аз гана убакыт калбадыбы.

Мен да убагы келип үй-бүлө күтүп, бала-бакыралуу болсом, сөзсүз кыздарымды өнөрлүү болууга тарбияламакмын. Кыргыздын өнөрүн улантып, кийинки муундарга берүү биздин парзыбыз эле эмес, турмуш-тиричиликтин зарылчылыгы да болуп эсептелинет эмеспи.

Жогоруда айтылган макалдар аркылуу кыздарыбызды туура жашоого, эмгекчил болууга, кайсы бир өнөрдү аркалап, маңыздуу өмүр сүрүүсүнө бир аз болсо да түрткү болор деген ишеничим бек.

Медербек уулу Адилет, Кызыл-Кыя шаарынын №2 орто мектебинин 9-классынын окуучусу

Алмазный венец феодальной демократии: сопротивляться бесполезно

Бишкек избрал в субботу, 27 февраля, своего нового мэра. Его предложила партия власти, и все, услышав его имя, застыли в благоговейном почтении – раз его предлагает СДПК, значит, так тому и быть, сопротивляться бесполезно. Если бы было названо другое имя, реакция, можно быть уверенным, была бы та же самая: как можно сомневаться в том, что предложенный властью кандидат – единственно правильный?

Эффективность выборов составила 97,7% – 42 из принявших в голосовании 43 депутатов из 45 по списочному составу отдали голоса человеку, которого широкая общественность совсем недавно даже особенно и не знала. Депутаты горсовета, постоянно требовавшие от предыдущего мэра развернутых программ и стратегий, на этот раз единогласно удовлетворились перечислением пяти направлений, в которых новый мэр намерен действовать.

Некоторые независимые, которые еще недавно подавали иногда свой голос и оспаривали многие решения власти, на этот раз послушно приняли кандидата и застыли в ступоре, при котором даже думать о ком-то другом извилины и язык просто не поворачиваются – все уже, как выдрессированные, подняли кверху лапки в вопросительной позе “Чего изволите?”

Но по каким переулкам-закоулкам разбежались так называемые системные и несистемные оппозиционеры, которые всегда любили обсасывать какие-нибудь недочеты или проколы власти? И чего стоят депутаты других фракций городского совета Бишкека, которые ранее задавали неудобные вопросы, уходили с заседаний, чтобы не было кворума, или просто не давали мэру говорить, постоянно перебивая его?

И где так называемые наши политологи, которые любят раскладывать политические пасьянсы, объяснять нам, почему вот то в мировой, региональной и местной политике правильно, а вот это – не совсем, если им дать микрофон. Но и микрофон-то они получают уже по разнарядке – если где-то как-то они в своих мыслях расставят не те акценты, их просто отключат, как заводную игрушку, и вся их политология исчезнет из всех архивов.

Не потому ли не мог работать в полную силу предыдущий мэр, что это не входило в планы тех, кто теперь на 97,7% согласен с властью? Мы уже и подзабывать начали про такие показатели на выборах, а кто-то удивляется, почему в обществе до сих пор существует ностальгия по советским порядкам. Народ давно соскучился по временам, когда можно жить, ни о чем не думая, – за вас все решат те, кто поуполномоченнее.

И все общество становится таким, потому что видит, что сколько революций ни делай, сколько кого ни критикуй, сколько сил и времени ни трать, все равно среди нашей элиты или людей, самозвано причисляющих себя к ней, нет никого, кто действительно горел бы за страну, за государство, за народ. И не предвидится. Их даже драконами назвать трудно, скорее – тараканы, которые очень живучи.

Тараканы существуют на Земле более 300 млн лет и успешно всех переживают, они могут жить там, где пожелают, некоторые виды выдерживают температуру −120 ºС, они создают свой собственный антифриз, который препятствует формированию в организме кристаллов льда. Таракан может прожить без воды 40 дней, без еды – до полутора месяцев, без кислорода – 40 минут, он может даже неделю прожить без головы…

Голова сегодня никому не нужна, достаточен, как говорил Альберт Эйнштейн, спинной мозг. А он гораздо живучее головного. И те, кто им обходится, умеют пролезать в любые дырки, проходить через любые препятствия, обходить любые запреты. Всякая политика доведена ими уже до крайней степени примитива – пока другие думают, что предпринять, они уже у цели.

Сам факт выдвижения безальтернативного кандидата давал в руки политическим партиям и заседающим в горкенеше фракциям достаточно протестоемкий повод и причину для политических заявлений, протестов и другого возмущения. Но не для этого мы, оказывается, самостоятельно развивались 25 лет и внедряли принципы демократии в селах и городах, в жогорку и других кенешах.

Политикой теперь называются любые действия любого, даже самого далекого от политики человека, если он добивается какой-либо своей цели путем интриг и обмана окружающих. Даже популизма уже среди кыргызских так называемых политиков не осталось. Он ограничивается одним часом свободного микрофона на пленарном заседании перед началом сессии.

А сколько пищи и возможностей для политических партий, фракций и всех других объединений открывали выборы обмудсмена, проведенные 30 декабря, когда кандидат, опять же от партии власти, был выдвинут с нарушением процедур, а во время так называемых тайных выборов голосовавшие депутаты открыто показывали свои бюллетени специальным представителям властей!

Журналисты свою миссию выполнили – показали обществу всю эту гниль-перегниль, но что дальше? Где так называемые борцы за справедливость, которые обещали во время октябрьских выборов горы своротить ради народа и избирателей? Куда спрятались будущие кандидаты в президенты, которые через год будут обещать нам всем рай на земле и самые справедливые порядки?

Две революции и последовавшие за ними имущественное, политическое и моральное мародерство довели обитателей политических пещер и властных лиан до состояния брежневского застоя, когда от заседающих требуется только поднимать одну руку, когда объявляется голосование, а потом добавлять руку вторую, когда надо хлопать.

Политика в таких руках просто схлопывается и начинает вращаться в замкнутом круге – народ разочаровывается в своих политиках, но продолжает за ними идти и голосовать за них, в то время как политики все менее и менее с народом считаются. В результате на политических позициях оказываются люди, ничего ни в какой политике не понимающие и никаким боком отношения к ней не имеющие.

Их главное призвание – зарабатывать деньги, находить еще не освоенные их источники и переправлять потоки в нужных и указываемых направлениях, а все эти примитивные действия разбить потом по внешним признакам на некоторые части и подобрать им какие-нибудь политические названия, раскрыв любой популярный справочник по политологии и вычитав из него определения.

Прагматичные же наши жители, время от времени становящиеся электоратом, просто устали от всех этих обещаний, которые не выполняются, от программ, стратегий и дорожных карт, которые не стоят бумаги, на которой написаны, и каждый поворачивается к своим частным делам, принимая всю эту политику за природное явление, с которым ничего не поделаешь – надо просто приспосабливаться.

И после такой сепарации для оказавшихся политиками людей открываются широкие возможности называть черное белым и всех своих оппонентов обвинять в том, что они сами открыто делают. Это еще один примитив, до которого мы скатились, – разрушаются какие бы то ни было принципы и моральные критерии, а в хаосе легко ловить рыбку и манипулировать фактами.

И все, что ни делается, расфасовывается на политические полки истеблишмента по попавшим и застрявшим в мозгах наших политиков понятиям типа “акаевский” или “бакиевский”, к пока еще не стройному ряду которого скоро добавится и новое слово, судьба которого еще не совсем известна – возглавлять оно будет список или замыкать.

Любое идейное развитие остановилось в советском прошлом, и что бы мы новое ни создавали, как говорил Виктор Черномырдин, все время получается КПСС. Взбираться вверх и вперед – это же надо иметь волю, способности и знания, а откатываться назад никто не запрещает, поэтому к КПСС постоянно и регулярно добавляется “алмазный венец” кочевого мышления.

Нарын Айып

Источник: zanoza

Кто виноват в смерти Нурбека Токтакунова?

Вышел за сигаретами и не вернулся. 30-го января этого года, примерно в 20 часов вечера из дома вышел житель села Ат-Баши Ат-Башинского района Нарынской области Токтакунов Нурбек Орозмукамбетович, 1976 года рождения и не вернулся. Его, безсознания нашли односельчане и вызвали скорую помощь – стоит отметить, что ранее Нурбек Токтакунов ни разу не жаловался на плохое самочувствие. По словам медиков, причин для его госпитализации на тот момент не было, и они вызвали сотрудников УВД Ат-Башинского района. Сотрудники правоохранительных органов забрали Токтакунова в участок, после чего он скончался. Полных результатов судмедэкспертизы пока что нет, но по предварительным данным, в его крови алкоголя не обнаружено, от чего напрашивается вопрос – «Зачем медики вызвали сотрудников правоохранительных органов»?

Самое страшное то, что сотрудники Ат-Башинского УВД водворили Нурбека Токтакунова в ИВС, где подвергали его избиениям и пыткам. Избиение продолжалось с 4-х до 7-ми утра. После чего сотрудники правоохранительных органов привезли Токтакунова в морг Ат-Башинской областной больницы. Осмотр его тела показал множество телесных повреждений в области головы и почек. В 11 часов этого же дня сотрудники правоохранительных органов пришли к отцу Нурбека, Орозмукамеду Токтакунову, заявив о том, что его сын скончался. Как так получилось, что в маленьком селе, где каждый знает друг друга, блюстители порядка сообщают родным о смерти Нурбека Токтакунова, а не о его задержании? Родные обращались в правоохранительные органы и в вышестоящие инстанции, что результатов пока что не дало. Вопросов больше чем ответов: Как получилось, что здорового человека находят на улице без сознания? Почему медики скорой помощи передали Токтакунова милиции? Почему сотрудники правоохранительных органов поместили его в ИВС и от чего они скрывают записи видеонаблюдения камеры, в которой в ту злощастную ночь находился Нурбек Токтакунов? Получается что человека просто так, ради забавы, сотрудники правоохранительных органов использовали вместо боксерской груши. Не добившись никаких ответов, родные Токтакунов намерены обратиться за помощью к руководству страны.

Улукбек Кутманбаев, журналист

Раскрыто убийство убийцы Баямана Эркинбаева

Следственным управлением ГСИН совместно с ГУБОП МВД раскрыто совершенное в мае 2011 года в ИК-19 убийство Сабыркула Батырова.

Сабыркул Батыров был одним из исполнителей убийства депутата Жогорку Кенеша Баямана Эркинбаева, совершенного 21 сентября 2005 года. Он отбывал наказание в ИК-19.

Обвиняемый в убийстве Батырова заключён под стражу в СИЗО-50. В интересах следствия его имя пока не разглашается.

В Кыргызстане завершился двухлетний проект ФАО ООН «Наращивание потенциала и повышение информированности для устойчивого владения и управления пастбищами»

В пятницу, 26 февраля 2016 в селе Эпкин Нурманбетовского айыльного округа Иссык-Атинского района Чуйской области прошло заключительное мероприятие в рамках проекта. В селе состоялась церемония открытия офиса пастбищного комитета, с помощью ФАО оборудованного необходимой оргтехникой и мебелью. Помещение для офиса было передано пастбищному комитету местной администрацией, а члены пастбищного комитета сами отремонтировали полуразрушенное здание.

В этот же день ФАО передала пилотному пастбищному комитету необходимые информационные материалы – учебные пособия, руководства, сезонные карты пастбищ Нурманбетовского округа, плакаты и брошюры, которые пастбищный комитет будет использовать в своей работе.

После открытия в новом офисе состоялось заседание пастбищного комитета с участием председателя айыл окмоту и приглашенных членов пастбищных комитетов из других сел Иссык-Атинского района. Активисты рассказали о тех знаниях, которые они получили в ходе двухлетнего проекта, поделились успешными практиками и наработками, которые они будут использовать сами и учить других сельчан для дальнейшего совершенствования практики владения и управления бесценным природным ресурсом страны – пастбищами.

С середины 2014 года для пастбищепользователей из пяти пилотных айыльных округов Чуйской области проводились интенсивные полевые тренинги и мероприятия по обмену опытом. Пастбищные комитеты научились грамотно распределять пастбища между фермерами в зависимости от состояния пастбищ и количества скота, а также составлять планы по управлению пастбищами, взаимодействовать с местными органами власти и заинтересованным населением.

Представители всех пилотных пастбищных комитетов знают теперь, как определять емкость пастбища, как отличать поедаемые виды растительности от ядовитых, как чередовать участки для выпаса и что необходимо предпринимать, чтобы вытоптанные участки восстанавливались.

Кроме этого, в ходе проекта группа специалистов разработала учебные материалы для учащихся школ и колледжей в пилотных районах по факультативному обучению экологическим аспектам и отношению к окружающей среде. Курс был апробирован в школах и колледже и получил высокую оценку преподавателей и школьников.

В рамках проекта была обучена группа тренеров, владеющих технологией и информацией об эффективных подходах по владению и управлению пастбищами и готовых обучать пастбищепользователей по всему Кыргызстану.

При поддержке ФАО все пилотные пастбищные комитеты получили необходимую  компьютерную технику (компьютеры, принтеры, проекторы) и оборудование, в том числе JPS и мебель, что позволит создать условия для эффективной работы общественных объединений. Также для всех пастбищных комитетов разработаны сезонные карты пастбищ, что поможет пастбищепользователям рационально использовать ценные природные ресурсы.

Пастбища составляют более 80 процентов всех сельскохозяйственных угодий в Кыргызской Республике, их площадь превышает 9 миллионов га и Правительство осознает роль этого природного ресурса в развитии животноводства, росте экспорта продукции сектора и, соответственно, в повышении уровня жизни сельчан, поэтому мы высоко ценим поддержку международных организаций и прежде всего ФАО в области пастбищепользования, – отмечало руководство Министерства сельского хозяйства КР на заключительном семинаре проекта.

Начавшийся в  июне 2014 года, проект технического содействия ФАО был нацелен на улучшение понимания и реализации принципов устойчивого управления и использования пастбищ в Кыргызстане. Основными целевыми группами было Объединение пастбищепользователей и пастбищные комитеты на уровне сообществ.

Ольга Гребенникова, эксперт ФАО

Базарбай Мамбетов, эксперт: "По "Джеруй" между "Восток-Геолдобычей" и правительством есть большая афера"

– Базарбай Эстебесович, мы знаем вас как трижды вице-премьер-министра, опытного строителя, специалиста-горнорудника самого высокого уровня. Также вы были представителем компании “Восток-Геолдобыча”, получившей права на разработку золоторудного месторождения “Джеруй” в Таласе. Но в последнее время стало известно, что вы не удовлетворены этим проектом. Почему?

– Разведанный еще во времена СССР рудник “Джеруй” с 84 тоннами золотого запаса с 1993 года переходил из рук в руки, 8 раз выставлялся на продажу. Дело в том, что процесс выдачи лицензий иностранным компаниям сопровождался коррупционными схемами, каждое правительство, соответствующие министерства, органы преследовали личные интересы и стремились нажиться. При выдаче разрешения на разработку не были ни разу учтены интересы кыргызского народа, в том числе населения Таласа. Местные жители не виновны ни в малейшей степени в прекращении и остановке проекта разработки. Вся вина на сменяющих друг друга власть имущих, которые жаждали денег и продвигали свои интересы.

Как известно, 4 мая 2015 года, согласно нормам действующего законодательства, прошел тендер на право разработки месторождения “Джеруй”, в котором победила российская компания “Восток-Геолдобыча”. Она выполнила условия тендера и перечислила единовременную выплату в бюджет Кыргызстана в качестве бонуса 100 миллионов долларов. С этой стороны, конечно, все было законно. К сожалению, эта компания также оказалась мошеннической, которая ставит целью перепродать лицензию, вместо того чтобы действительно вести разработку рудника.

– Как?

– Расскажу тебе. После того как они выиграли тендер, сразу прибыли в Бишкек, нашли меня как ведущего специалиста по горнорудной отрасли и предложили: “Вы являетесь передовым специалистом, авторитетным деятелем, подготовьте и проведите презентацию нашей технологии разработки золота”. Я посмотрел, действительно предлагаемая ими технология оказалась соответствующей современным требованиям, передовым технологиям, при извлечении золота химикаты, в том числе и цианиды, должны были использоваться в десятикратно меньшем объеме. Был предусмотрен закрытый режим горнодобычи. Как специалист я убедился, что предлагаемые ими технологии отвечают мировым стандартам, и согласился на сотрудничество.

После этого я трижды ездил в Талас, встречался с населением 13 сел, объяснил местным жителям суть технологии компании “Восток-Геолдобыча” по разработке “Джеруя”, рассказал, что экологического ущерба не будет, в общем, приложил все усилия для получения согласия местного населения. Прежде выступавшие против разработки рудника жители поверили мне, что все будет хорошо, дали согласие. Но не прошло много времени, как указанная компания начала проявлять другое отношение, демонстрируя, что они купили лицензию на право разработки за сто миллионов долларов, теперь “Джеруй” является их собственностью и они сами будут решать, что делать и как разрабатывать. Такого не должно быть, я не видел ни разу в своей практике, чтобы проявлялось такое отношение. Они получили право разработки за сто миллионов долларов. На втором этапе необходимо было заключить генеральное соглашение между компанией “Восток-Геолдобыча” и кыргызским правительством, в котором указывается, сколько процентов продукции или прибыли остается Кыргызстану, а сколько – компании. Надо было решить этот самый важный вопрос. Но позже стало ясно, что никакого соглашения не будет!

– Э, кокуй! Тогда почему кыргызское правительство на протяжении 2 лет важно раздувает губы и пиарится?

– Собака зарыта именно здесь. К сожалению, наше коррумпированное правительство, соответствующие ведомства молчат, а те пользуются халатностью, продажностью наших властей, делают вид, что ничего не знают и не собираются подписывать генеральное соглашение. Но я как специалист-горняк перед поездкой в Талас обращался в компанию “Восток-Геолдобыча” и правительство с сообщением, что уезжаю делать презентацию и прошу их активно начинать работу над составлением генерального соглашения. Я даже предложил условия соглашения, чтобы 50% произведенного золота оставались у кыргызского государства, а если не в виде продукции, то 45% от полученной прибыли за проданное золото. Они меня проводили со словами: “Вы проводите презентацию, уговорите население, после чего мы обязательно заключим генеральное соглашение. Я провел презентацию, народ одобрил и согласился, чтобы проект был запущен. Когда я вернулся и поинтересовался, как обстоит дело с генеральным соглашением, мне ответили: “100 миллионов долларов, заплаченных по условиям тендера, вашему правительству, оказывается, достаточно”! Можете себе представить! Я непрерывно приходил в правительство, но там никто и не собирается заключать генеральное соглашение. Это означает начало большой коррупционной схемы, очередной аферы власти, еще более опасной, чем “Кумтор”.

– Расскажите про известные вам стороны коррупционной схемы.

– Говоря простым языком, в настоящее время на руднике имеется 84 тонны золотого запаса. “Восток-Геолдобыча” добудет его за 10 лет. Унция золота на мировом рынке стоит 1200 долларов. То есть стоимость запасов золота на “Джеруе” равняется трем миллиардам 200 миллионам долларов. Получается, что они за золото стоимостью три миллиарда долларов дают нам 100 миллионов долларов как кость собаке. Видите, они сговорились с властью, посчитали, что манкурты-аборигены ничего не понимают, и теперь придерживаются позиции: “Мы купили рудник, и теперь будем делать с ним что захотим”. Я как специалист, хорошо знакомый с мировой практикой горнодобычи, посетивший десятки золоторудных месторождений во всем мире, знакомый с работой в практическом виде, вижу крупный коррупционный проект. Я не хочу портить свою репутацию перед лицом народа, не хочу работать против его интересов, моя гражданская позиция непоколебима, поэтому я распрощался с российской компанией. Я сказал им: “Сравнительно со мной, простые таласцы в 10 раз мудрее и умнее. Народ без меня вынесет справедливое решение”.

Я не говорил обо всем этом, ждал, когда придет время, и только сейчас рассказываю тебе.

Если завтра таласцы свяжутся со мной, я все расскажу без утайки. Здесь нет никакой политики, нет личных интересов. Просто у меня сложилось непримиримое отношение к грязной политике нынешней власти, которая вызываем у меня отторжение. Просто я вижу, как правительство обгладывает брошенную аферистами кость, чтобы затем бросить как подачку народу Таласа.

– Остановитесь на этом месте поподробнее, чтобы людям было понятнее…

– Дело такое, наше правительство везде похваляется, что на единовременно поступившие в бюджет от компании “Восток-Геолдобыча” 100 миллионов долларов построит свыше 100 школ, еще в 181 школе будет проведён капитальный ремонт. В фонд развития Таласской области, Таласского района и Бекмолдинского айыл окмоту, на территории которого располагается “Джеруй”, выделено по 170 миллионов сомов. Получается в итоге 510 миллионов сомов. По сегодняшнему валютному курсу получается 6 млн 800 тыс. долларов. Эта сумма не составляет даже 10%  от 100 млн в долларах, перечисленных компанией “Восток-Геолдобыча”. Проявляется отношение: “Этим мы успокоим таласцев, вам этого вполне достаточно, сидите и молчите на протяжении 10 лет”. Я давно говорил об этом правительству, чтобы не поступали так.

– Простите, я задам один вопрос, а не слишком ли поспешные выводы вы делаете? А вдруг в начале разработки рудника “Джеруй” будет заключено генеральное соглашение? Или тогда будет уже поздно?

– Именно здесь лежит корень коррупционной аферы, про которуе я говорю. Такой ситуации не сложилось бы, если Госгеология четко и ясно указала бы в условиях тендера на право разработки “Джеруя”, что во-первых, должна быть безопасная технология горнодобычи, во-вторых, в качестве бонуса в бюджет перечисляется 100 миллионов доллара, в-третьих, составление генерального соглашения с кыргызским правительством, согласно которому будет выставляется требование начать разработку месторождения. В условиях тендера ни слова не говорится о генеральном соглашении. Я подозреваю, что здесь две стороны тайно договорились и роль здесь сыграли большие суммы денег. Посмотрите сами, помимо вычетов расходов за перечисление в бюджет 100 миллионов долларов, а также операционных расходов в этой же сумме, за 10 лет компания положит в карман три миллиарда долларов. Что касается налогов и социальных отчислений за 10 лет, то это ничтожная сумма, которую правительство сразу будет обращать в сомы, чтобы обмануть народ на внешний взгляд внушительными цифрами. Я нигде об этом не говорил, сейчас пришло время рассказывать об этом. Я говорю об этом кыргызскому народу, в том числе таласцам, потому что именно я уговаривал их, чтобы они согласились на разработку. Оказывается, мы все оказались обмануты.

– В начале интервью вы отметили, что судьба “Джеруя” ставится на чашу весов с 1993 года. Заключалось ли генеральное соглашение хотя бы с одной компанией, получивших лицензию на “Джеруй”?

– Отличный вопрос. Скажу в качестве информации, что в 2003 году лицензию на право разработки “Джеруя” получила американская компания “Моррисон Кнудсен Голд”. С правительством Чынгышева было заключено генеральное соглашение. Согласно заключенному и подписанному тогдашним премьер-министром Турсунбеком Чынгышевым и главой “Кыргызалтына” Дастаном Сарыгуловым соглашению, 70% получал Кыргызстан, а 30% – “Моррисон Кнудсен Голд”. Посмотрите, какое идеальное соглашение! Но американская компания не смогла в указанные в соглашении сроки вложить инвестиции в “Джеруй”, и отправила уведомление, в котором говорилось: “Золоторудное месторождение “Джеруй” представляется очень удобным объектом для разработки. К сожалению, мы не смогли в нужные сроки изыскать необходимые средства”. Все премьер-министры после Чынгышева, курировавшие отрасль министры, главы Госэкологии, Госстроя специально не заключали с прибывающими на “Джеруй” иностранными компаниями генерального соглашения, продавая лицензию за ничтожные деньги, а сами закулисно набивая свои карманы. Эта практика продолжается и сегодня, в этом трагедия суверенного кыргызского народа.

– Расскажите как специалист золоторудного производства о практиках в соседних государствах в этой области. Как там государство получает прибыль на золотых рудниках?

– Не буду говорить про Казахстан, приведу пример Узбекистана. Там есть золотой рудник Мурунтау-Заравшан. В 1992 году рудник получила знаменитая американская компания “Ньюмонт”, вложила инвестиции в сумме 257 миллионов долларов, построила завод и собиралась начать разработку. При подписании соглашения с правительством Узбекистана Ислам Каримов выставил требование: “70% произведенного золота будет оставаться Узбекистану, 30% получает “Ньюмонт”. Американская компания согласилась, и на протяжении 14 лет занималась разработкой рудника. Позже глава компании выразил перед лицом общественности слова признательности в адрес узбекского президента, сказав: “Большое вам спасибо, 30% с лихвой хватило компании. Я закрыл свои расходы за два года, про полученную прибыль можно даже не говорить”. Такая вот практика. Сколько раз об этом мы говорили, но ни один руководитель кыргызского правительства не прислушался. Если у них самих не хватает компетентности, почему не попросит совета у специалиста? Всё они прекрасно понимают, просто делают вид, что не знают, чтобы внедрять коррупционные схемы.

– Значит, причиной недавних требований народа Таласа по “Джерую” и другим месторождениям является ваша информация?

– Говорю как на духу, перед Богом, что до этого времени я ничего не рассказывал народу. Ни с одним из таласских общественных активистов я не встречался. Но, как я сказал выше, таласцы – мудрые люди. Они и без меня до всего дошли собственным умом, не стали обманываться брошенной обглоданной костью. Поэтому они выставляют правильное требование. Если после публикации в вашей газете они меня пригласят, я сразу туда отправлюсь и все расскажу. Об этом я предупреждал и правительство, и “Восток-Геолдобычу”, когда оттуда уходил. Я говорил им, что, переходя из рук в руки за 24 года, “Джеруй” впитался в сознание таласского народа, в этот раз вы не сможете обмануть людей, лучше составьте генеральное соглашение. Теперь время пришло.

Хочу сказать, что “Джеруй” располагается всего в 27 километрах от автотрассы Бишкек – Талас. Там уже построен поселок строителей, электролиния, созданы отличные условия. Если российская компания не сможет разрабатывать рудник, найдется много иностранных компаний, которые составят генеральное соглашение с правительством. Если понадобится, найдутся и завтра.

P.S. В следующем номере мы опубликуем интервью со специалистом-горнорудником, экспертом по международному экономическому сотрудничеству Базарбаем Мамбетовым о сопровождаемой коррупцией судьбе золоторудного месторождения “Талды-Булак Левобережный”, золотой запас которого всего лишь на 6 тонн меньше, чем на “Джеруе”, а также бестолковой политике правительства.

Это означает начало большой коррупционные схемы, очередную аферу власти, еще более опасную, чем “Кумтор”.

Источник: “Фабула”

Турсунбек Акун, экс-омбудсмен: "Бийлик "Нарынга оппозицияны киргизбейбиз" деп милицияга жол тостуруп, ар бир машинаны тинтип жатышат"

“Бүгүнкү бийлик кайрадан мурунку режимдердин жолуна түштү. Нарынга баратсам шаарга кире бериш жерде милиция машиналарды тосуп тинтип, оппозиционерлерди издеп жатышыптыр”, – деп билдирди бүгүн, 29-февралда Кyrgyztoday.kg маалымат агенттигине экс-омбудсмен Турсунбек Акун.

“Нарындагы митингге Бишкектен оппозиция өкүлдөрү келет деп облустук бийлик “Нарынга оппозиционерлерди киргизбейбиз!” деп келаткан ар бир машинаны тинтип жатышкан экен. ДПСтин жигиттери мени тааный коюп “сизди киргизбейбиз, бизде ушундай буйрук бар” дешет. Ачуум келип кетти. “Силер адам укугун бузганга кандай акыңар бар? Мындай тыюу жолдору менен элди тынчыта албайсыңар, кайра күчөтөсүңөр” десем түшүнүшпөйт. Анан Нарын облустук милициянын начальниги Ороз Молдоисаев жолугуп калды. Баягы, бир кезде “Туке, Туке!” деп чай көтөрө чуркаган Ороз жок, өңү кумсарып алыптыр. “Жөн жүрбөсөң камайм!” дейт. Булар зордукчул заманды кайра орнотушту. 27-февралдагы митингди да болтурбай коюу үчүн Аманбай Кайыпов баш болуп, облустун милициясы, УКМКсы, прокуратурасы уюштуруучуларды, комиссия мүчөлөрүн коркутуп-үркүтүп таратышыптыр. Элдин социалдык укуктарын коргоо комитетинин координатору Эркин Асаналиевди да куугунтукка алышкан. Бул бийлик адам укуктарын сыйлабай өз билемдикке салып жатканы өлкөнү жакшылыкка алып келбейт. Нарында эл толкуганы турат”, – деди Турсунбек Акун.
 Булак: Кyrgyztoday.kg

Азимбек Бекназаров, экс-генпрокурор: "Аман эле болчу, Текебаев! Сен көбүнчө оппозиция терисин жамынып 25 жылдан бери саясатта жүргөнүң менен, тымызын ар качан бийлик менен жүрөсүң"

Өмүрбек  Чиркешович, сен айткандай “Майдаланбай, дүңүнөн ой жүгүрткөн баатыр” катары мен жөнүндө ММКага чыккан интервью-маалыматтарга, анын ичинде буюртма ушактарга да жооп бербей, сага окшоп журналисттер менен соттошуп көрбөгөн жаным бу сапар сен Келдибековдун сотуна келип, “калчылдап-титиреп” берген көрсөтмөңдөн кийин бир эле убакта ондогон ММКга  “граждандык позицияң” менен “адамгерчилик позицияңдын” ортосунда  күрөшүп жатып “прагматикалык саясатчы” катары  “Азимбек Бекназаровдун койгон тузагына түшүп бербеген, аңкоо саясатчы болбой”,  берген интервью-макалаңдан кийин, мен да  сага окшоп анча-мынча “граждандык парзымдан” кутулайын деп жооп жазууга  аргасыз болдум.

Макала-интервьюңдун башынан аягына чейин өзүңдү “прагматик саясатчы” катары көрсөтүп, эгерде Келдибеков соттолуп кетсе “мен сотко барбайм десем болбой Бекназаров чакыртпадыбы”, ошол үчүн  мен чындыкты аргасыз айткам, ал эми акталып кетсе, “сотто мен Келдибеков  чоң коркунуч болбой калды, бул иш актуалдуу эмес, жоопко тартпаса деле болот деп  айткам, Келдибеков ошол үчүн акталды”- деген кош максатты көздөп,  баягы эле өтө этияттык кылып,  “оппозиция терисин жамынган, бийликчил” эки Текебаев бойдон дагы деле жүргөнүңдү далилдепсиң. Дагы бир максатың Бекназаров менен Келдибековдун ортосуна от коюу.

Сотко сени мен Келдибековду соттотуп же актатып алуу үчүн эмес,  Башкы прокуратурага Келдибековдун үстүнөн кылмыш иш козгоо боюнча “Ата-мекен” фракциясынын чечимин чыгарып, кол коюлбаган, печаты жок, эч ким күбөлөндүрбөгөн ксерокопия документтерди тиркеп жөнөткөн катыңды “кантип эле республикага эмгек сиңирген юрист Текебаев ушуну жиберсин” деп күмөн санагандан кийин, аны тактоо үчүн чакырткам.

Сотто болсо, менин берген суроолорума: “биз жибере беребиз да, аны кылмыш козгогондордон сура”-деп бардык мыйзамсыз  нерселерди адатыңча Салянова айымга аңтара салып кутулуп жаттың…  Мына сенин “адамгерчилик позицияң”!

Сотто Келдибековдун Парламентте айткан стенограммада сакталып калган сөзүн окуп,  “мына биз  3-4 кошумча штатка добуш бергенбиз, а Келдибеков  “спецпредставитель” деген токтомго алмаштырып салыптыр”- деп анын өзүңө ыңгайлуу жерин окуп бердиң, же төрагалык кылуучу судьянын кыргыз тилин билбегенинен пайдаландың. Биздин сага: бул окуганың депутат Келдибековдун Парламентте   сүйлөгөн сөзүбү? – деген сурообузга “Ооба”- дедиң.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 72-беренеси боюнча депутат Келдибеков Парламентте айткан ой-пикири үчүн жооп береби? – десек “Жок” –дедиң. Анда эмне үчүн Келдибеков жоопко тартылып жатат?- десек, “аны прокурорлордон сура“-дегендей, аны да бечара Саляновага түртө  салгандай болдуң. Ушубу сенин  “граждандык позицияң?

Өмүрбек Чиркешович, биз сотто 50дөн ашык депутатты сурадык, анын ичинде 10 чактысы “Ата-Мекенчилер”, алар  “биз  “спецпредставитель”  каралган токтом долбооруна  добуш бергенбиз дешти, жалгыз сен “андай токтом жок болчу” деп  жатасың?- деген суроого: “Алардын уяттары жок  да, айта берет да деп, ал депутаттарды шылдыңдагандай жооп берип, анан Өмүрбек Абдрахманов деген экс-депутаттын “түбүнө жетериңди”,  анын устүнөн жаңы арыз жиберип жатканыңды “калчылдап” жатып айттың. Ошондо сенин жан-дүйнөңдүн позициясы кандай абалда экени байкалып турду. Абдрахмановдун үстүнөн арыз жазып жатканыңдын Келдибековдун ишине эмне тиешеси бар эле? Жан-дүйнөсү соо адам аны айтпайт эле. Муну кандай позицияң деп түшүнөбүз?

Акырында,  89 депутат добуш берип токтом алынса, Өкмөт аны каржыласа, бюджет мыйзамына Президент кол койсо, бул маселе каралып жатканда Өкмөт менен Президенттин өкүлдөрү каршы болбосо, эмне үчүн бул токтом мыйзамсыз болот?-деген суроого: “Биз баарыбыз заблуждались”- дедиң,  мен баарыңардын “заблуждениеңер үчүн жалгыз Келдибеков жооп бериш керекпи?- десем, унчукпадың. Муну “Заслуженный юрист” Текебаевдин кандай позициясы деп түшүнсө болот?

Дагы бир суроого, “Келдибеков “атайын өкүлчүлүктү” партиялашы үчүн өзү эле ачып салыптыр, аны биз кийин билдик”- деп жооп бердиң.

Иштин ичиндеги “Ата-Мекен” фракциясынын бардык документтеринде “спецпредставительство” жөнүндө айтылып эле жүрбөйбү, ал жерде Келдибеков “өзү токтомду жасап  салыптыр”- деген бир да сөз жок, аны сотто 1-жолу өзүң айттың, мурда “подмена” деген сөз айтылбаган, бул Текебаевдин эмне деген позициясы?

Интервьюңда  “мени сотко  Бекназаров эле алып келди, болбосо келбейт элем, сотто мындай чындыкты айтпайт элем”- деп кайра-кайра  өзүңдүн жеке “чындыгынды” айтыпсың. Бүгүнкү күндө сенин прокуратурага жиберген  “фальшивый” документтериң менен  кылмыш иш токулганы, Келдибековго айып угузулганы, сенин көрсөтмөң менен  кылмыш иш козгоо токтому коендой окшош экени менен далилденүүдө, бирок сенин айткандарыңды  колдогон, тастыктаган бир дагы башка далил жок, жок дегенде сени колдогон “уяттуу” 2-3 ата-мекенчи депутатты, “буйругуңду” аткарган Салянованы ээрчитип келип көрсөтмө бердиртип койсоң жүзүң жарык болмок, бирок ага  “прагматик” чамаң жетпейт ко?!

Акыркы жылдары эл аралап жүргөн бир макал бар: “Азимбектей адвокатын болсо, прокурордун кереги жок”- депсин.  Эл арасындагы  “Текебаев марадерлордун  ана башчысы”,  “10 чакты ата-мекенчи, Текебаев бизди алдап кетти деп “мошенник” катары сотко бергени жатат экен”,  “БНКны рейдерлик кылып басып алды”,  “Бакиевдин үйлөрүн өрттөп, айрым офистерин тартып алган”- деген эл арасындагы сөздөрдү кокусунан укпадыңбы?

Спикерлик орун талашууда Келдибековго утулуп калганың үчүн атайын буюртма кылмыш токутуп, ал ишиң Салянованын Башкы прокурорлуктан, Нарынбаевдин Президенттин Аппарат жетекчилигинен кеткенден кийин  “катуу көзөмөлгө” алынбай, сотто сенин фальшивый көрсөтмөң, каттарыңдан башка далил жоктугунан, соттор эмне кыларын билбей турганда  өз мезгилинде  “кош максаттуу” интервью менен өтө  “прагматиктик” кылып басым жасоого аракеттенипсиң.

Өмүрбек Чиркешович, мен сендей акаевдик заслуженный юрист болбосом да, советтик доордо эки юридикалык окуу жайын артыкчылык диплому менен бүтүргөн юрист катары Жогорку Кеңештин Москвада ачылган “атайын өкүлчүлүгү” үчүн кимдир бирөөнү соттойлу десек, анда  өзүңдү баш кылып добуш берген 89 депутатты, ошол күнү Парламентте Өкмөттүн өкүлү болуп олтурган Д.Нарынбаевди, Президенттин өкүлү болгон А.Салянованы, Бюджет жөнүндө мыйзамга  кол койгон бардык Өкмөт мүчөлөрүн, Президент Р.Отунбаеваны – баардыгын жоопко тартуу керек деп айтаар элем.

Анткени бюджеттин акчасы ушулардын айынан “талаага” чачылды. Ушундай болсо адилеттүү, мыйзамдуу, калыс чечим болот,  ага Келдибеков да макул. Мен аны көндүрөм, сен айткандай “прокурор” болуп.

Антпесе,  баарыңар үчүн бир Келдибеков жооп бергени кудайга да жакпайт, урматтуу “заслуженный юристим!”

Убагында сага окшогон эле адам бийлик адамдарынын жалган арыз-билдирүүлөрү менен буюртма жалган кылмыш иштер токулуп, жоопко тартылышкан И.Исаковдун, И.Кадырбековдун, Э.Булекбаевдин, У.Рыскуловдун, С.Аргынбаевдин, Балыкчыдагы 19 адамдын, К.Ташиевдин, Т.Мамытовдун, С.Жапаровдун ж.б. адвокаты да болгом.”Матрешка-гейтте” сени да жактагам. Келдибековдун сотуна келип көрсөтмө бергендеги абалыңды көрүп, ал жерде турган адамдарга “Текебаев досумдун бүгүнкү акывалын көрүп, Акмат сени эмес, Текебаевди коргогум келип кетти, деп айттым. Бул сөз жөн жерден айтылган жок, Өмүрбек Чиркешович! Мен сенден айырмаланып Келдибеков мага эч качан саясий оппонентим болгон эмес. Саясий өңүттөн, жасалма  буйрук иштер токулуп,  ким болбосун ак жерден саясаттан четтетүү үчүн жоопко тартылса, эгерде ал мага юридикалык жардам бер деп кайрылса, ал “Акаевдики”, “Бакиевдики” же Атамбаев, Текебаевдики экенине карабай, адилеттүүлүк, мыйзамдуулук үчүн колумдан келишинче чын жүрөктөн жардам берем.

Адилеттүүлүк, мыйзамдуулук учүн күрөшүү менин тубаса позициям. Мен саясий оппоненттерим менен бетме-бет, тике, мыйзам талаасында ачык, көзмө-көз туруп күрөшөм. Сага окшоп бирөөнү артынан, же бирөөнүн колу менен душманыма эч качан  бычак сайбайм. Саясатта Келдибековго караганда сен мага жакынсың, үзөнгүлөш болгонсуң. Нечендеген саясий күрөштөрдө катар жүргөнбүз. Бирок көбүнчө оппозиция терисин жамынып 25 жылдан бери саясатта  жүргөнүң менен, тымызын ар качан бийлик менен жүрөсүң. Бул сенин саясатчы катары акылдуулугуң, куулугуң. “Экөөбүз бири-бирибизди  абдан жакшы билебиз”- деп туура айткансың.

Ошон үчүн сени жакшы билген киши катары сага менин кааларым, аман эле болчу, Текебаев!

Азимбек Бекназаров, экс-генпрокурор

КР Жогорку Соту: "Улан Токтосунов ("Сакал") Нарындагы СИЗОдон Бишкекке алынып келинип, сотко катыштырылып, кайра ошол эле жакка күзөт менен жеткирилген"

Айрым маалымат булактарында айтылган Улан Токтосуновго (каймана аты “Сакал”) карата Бишкек шаардык соту анын баш коргоо чарасын Улан Токтосуновдун катышуусуз карады деген сыяктуу маалыматтар чындыкка дал келбейт!

Буга байланыштуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы жергиликтүү соттордон келген маалыматтарга ылайык төмөндөгүнү билдирет.

Биринчи май райондук соту тарабынан 13.01.2016-ж. каралып, Улан Токтосуновго карата баш коргоо чарасы 2016-жылдын 13-январынан 14-февралына чейин камакта болуу түрү тандалган.

2016-жылдын 12-февралында У. Токтосуновдун баш коргоо чарасы 2016-жылдын 14-мартына чейин узартылган. Соттолуучу У. Токтосунов соттук процесске Нарындагы СИЗОдон алынып келинип, катыштырылып, кайра ошол эле жакка күзөт менен жеткирилген.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия Жол кайгуул кызматы менен бирдикте жол белгилеринин мамлекеттик тилде жазылуусун көзөмөлгө алууда

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик  тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Э.Эрматов Ички иштер министирлигинин Жол кайгуул кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары Т.И.Дегенбаев менен жолугуу учурунда жол белгилеринин мамлекеттик тилде жазылуусун көзөмөлдөө боюнча тапшырма берген. Бул сүйлөшүүлөрдөн соң эки тараптын биргелешкен иш-мерчеминин негизинде  ЖККнын жол көзөмөлдөө бөлүмү жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча түзүлгөн жумушчу топ Чүй облусу жана Бишкек шаарынын аймагында 2016-жылдын 25-январынан 4-февралына чейин рейд өткөрдү. ЖККнын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги М.Сандыбаевдин билдирүүсүнө караганда рейд учурунда катталган туура эмес жазылган, макулдашуусуз илинген жарнама такталар, жол белгилеринин 70%ы ирээтке келтирилген. Аталган мыйзам бузуу фактылары боюнча 35 административдик протокол түзүлүп, жалпы 17500 сом өлчөмүндө айып салынган.

Эрдик көрсөткөндөр ӨКМнин "Сууга чөккөндөрдү куткаргандыгы үчүн медалы" менен сыйланышты

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Кубатбек Бороновдун “Сууга чөккөндөрдү куткаргандыгы үчүн” Сыйлоо жөнүндө буйругун Кыргы Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кара-Көл шаардык бөлүмүнүн башчысы ээлерине тапшырды. Буйрукка ылайык, Аликеев Адилет Мухтарович, Э.Б. жана Бурулай Абдыбекова куткарууга катышкандыктары үчүн сыйланышты.

Эске сала кетсек, 2016-жылдын 2-январында болжол менен саат 15:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кара-Көл шаарында Аликеев Адилет Мухтарович жубайы Жапаркулова Арскан Мырзатаевна жана эки балдары автоунаада шаардын ичинде жайгашкан Комсомол көлүнүн жанынан келе жатышканда Бурулай Абдыбекова жолго чыгып, аларды токтотуп, көл үстүндө 6 жашар кыз муз тээп ойноп жаткан учурда муз жарылып, сууга чөгүп бара жатканын айткан. Аликеев Адилет Мухтарович автоунаасынан түшүп, куткаруу максатында көл жээгине келип, 30-40 метр муз үстүндө басып барып, кыздын колунан кармап, аны өзүнө тарткан учурда, муз сынып куткарууда бир топ кыйынчылыктар жаралган. Жыйынтыгында өзүнүн чыныгы азаматтыгын көрсөтүп, 6 жашар кызды кармап, чөктүрбөгөнгө болгон аракетин жасаган. Аларды көрүп калган КР Улуттук мамлекеттик коргоо комитетинин Кара-Көл шаардык бөлүмүнүн кызматкери Б.Э. аркан таштап, биргеликте кызды куткарып, көл жээгине алып чыгышкан эле.

БУУ: Кыргызстандагы адам укугу боюнча баяндама жасалат

Кыргызстандын вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиева Женевада Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча кеңешинин 31-сессиясында сөз сүйлөйт.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, анда Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу кеп козголот.

Өлкө 2016-2018-жылдар аралыгында аталган кеңешке мүчө болуп былтыр октябрда өткөн Башкы ассамблеянын Нью-Йорктогу 70-отурумунда шайланган. Бул ирет Кыргызстан мүчө катары алгачкы жолу иш-чарага катышмакчы.

Адам укуктары боюнча кеңештин сессиясында Экономикалык, социалдык жана саясий, маданий укуктар тууралуу эл аралык пакттын аткарылышы, 2030-жылга чейинки иш-аракеттердин планы талкууланат.

Булак: centralasian

“Оскар - 2016”: Леонардо Ди Каприо мыкты актер аталды

Быйыл “Оскар” сыйлыгынын “Эң мыкты актер” номинациясы “Аман калган” тасмасында баш каарманды ойногон Леонардо Ди Каприого берилди.

Ал эми мыкты көркөм тасма деп “Көңүл чордонунда” фильми аталды.

Аялдар арасында биринчи пландагы “Эң мыкты актриса” наамы “Бөлмө” фильминде ойногон Бри Ларсонго ыйгарылды.

“Тыңчынын көпүрөсү” тасмасында экинчи пландагы эркектин мыкты ролун аткаргандыгы үчүн Марк Райлэнс, ал эми “Даниялык кыз” киносунда аялдын мыкты ролун аткарган Алиси Викандер “Оскар” сыйлыгын алышты.

Леонардо Ди Каприонун бул алгачкы “Оскары”. Ал буга чейин чоң сыйлыкка бир нече жолу көрсөтүлүп, бирок алалбай келген.

“Бөлмө” тасмасында ойногон Бри Ларсон “мыкты актриса” аталды.Марк Райлэнс “Тыңчы көпүрөсү” фильминде жараткан эмгеги үчүн “экинчи пландагы мыкты эркек ролу” номинациясын багындырды. “Даниялык кыз” тасмасында ойногон Алисия Викандер дагы экинчи пландагы мыкты актриса болду. “Баш айлантма” жылдын мыктыанимациялыктасмасы аталды.

Видео - “Евровидение” сынагынын тандоо айлампасында Путин жөнүндө пародия көрсөтүлдү

Словенияда “Евровидение -2016” сынагынын улуттук тандоо бөлүгүндө жергиликтүү ырчы, актер жана куудул Клемен Слаконья Орусия президенти Владимир Путин жөнүндө ыр аткарды.

Бул туурасында “Свобода” радиосу билдирет. Шоу учурунда ал Путиндин фамилиясын англис тилиндеги “put in” этиши менен айкалыштырып, тамашага салган. Видео тасмада куудул “Путин циркинде” ойноп, илбирстерге аңга чыгып, күч түзүм кызматкерлери, балериналар менен бийлеп, футболчуларга кызыл карточка таркатат.

Бул чыгарма аркалуу Салаконья чоң мамлекеттин президенти болуш кандай керемет экендигин ишаарат кылган.

Клемен Слаконья Любляндагы словен улуттук “Драма” театрындагы труппанын мүчөсү. 2007-жылы, ноябрда “Хри-Бар” телешоусуна катышып, белгилүү музыканттарды пародияга салгандан кийин атагы чыккан.

Жалал-Абадда кургак учук оорусуна каршы натыйжалуу күрөш алып барууга арналган координациялык комиссиянын олтурум жыйыны болуп өттү

Бүгүн, 29-февралда Жалал-Абадда  социалдык коркунучтуу жана жугуштуу оорулардын катарына кирген кургак учук оорусуна каршы натыйжалуу иш алып барууга арналган областтык координациялык комиссиянын олтурум жыйыны болуп өттү деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Анын ишине район-шаарлардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер  борборунун жетекчилери, аймактык ооруканалардын директорлору, район-шаарлардагы СЭСтердин башкы дарыгерлери катышты. Координациялык комиссиянын олтурумунун жыйынын өкүлдүн орун басары Бактыбек Анаркулов алып барды.

ВОЗдун маалыматына ылайык, 2014-жылы дүйнө жүзү боюнча 9,6 млн. адам кургак учук оорусуна чалдыккан. Мунун ичинен 1,5 млн. адам кургак учук оорусунун өтүшүп кеткендигинен каза табышкан. Учурда кургак учук оорусу инфекциялык, социалдык жана экономикага түздөн-түз таасир эткен коркунучтуу оорулардын катарына кирип олтурат. Оорунун башкы  жуктуруучусу жана таратуучусу – бул  кургак учук оорусунун таякчалары болуп калууда.

Координациялык комиссиянын жыйынында областтык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору, областтык саламаттыкты сактоо тармагынын коодинатору Маматжан Миянов кургак учук оорусуна каршы саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери тарабынан аткарылып жаткан иштерге токтолду.

– Кургак учук оорусун дарылоо боюнча  Жалал-Абад шаарында,  Базар-Коргон жана Токтогул райондорунда атайын адистештирилген ооруканалар иштеп жатат. Ошону менен бирге акыркы жылдары кургак учук оорусун дарылоодо анын дарылоого каршы туруктуу түрлөрү өсүп жаткандыгын моюнга алууга аргасызбыз. Кургак учукка каршы инфекциялык көзөмөлдү күчөтүү боюнча Сузак районунда дарыгерлер арасында  3 күндүк семинар өткөрүлдү жана ал окуулар Жалал-Абад шаарында дагы өткөрүлөт. Өзү-өзү сыйлаган алдыңкы мамлекеттерде станционардык дарылоого басым жасалбастан, үй-бүлөлүк, амбулаториялык жана ФАПтык дарылоого көбүрөөк көңүл бурула баштады,- деди областтык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Маматжан Миянов.

– 1999- жылы Республикабыз боюнча 100 миң кишиге  кургак учук оорусунан каза болгондор 27 адамды түзсө, 2014-жылы бул көрсөткүч 7 адамга азайган. Ал эми түрмөдө олтургандарды кошуп алыганда 2001-жылы  ар 100 миң кишиге кургак учуктан каза болгондор 127,3 адамды түзгөн болсо, 2014-жылы бул цифра 98,8 пайызга түшкөн,- деди КРнын саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардам көрсөтүү жана дары-дармектер менен камсыздоо башкармасынын башчысы Самат Тойматов.

Областтык координациялык комиссиянын жыйынында USAIDдин Кыргызстандагы координатору Чынара Камарли, USAID  каржылоосундагы «Кургак учукту жеңебиз» долбоорунун жетекчиси Айнура Ибраимова жыйындын катышуучуларына: «Кургак учук оорусун дарылоонун жыйынтыгына жараша каржылоо жана айлык акыларын төлөө маселеси акырындык менен  турмушка ашырыла тургандыгын»,- баса белгилеп кетти. ФОМСтин республикалык төрагасынын орун басары Акыл Калыков, республикалык оорулардын алдын алуу жана эпидемиологиялык көзөмөлдөө башкармасынын башчысы Нурболот Усенбаев  кургак учук оорусуна каршы натыйжалуу иш баруудагы аракеттер жагдайындагы бир катар маанилүү сунуштарын менен ойлорун ортого салышты.

Жолдошбай Осмонов, журналист

Медербек уулу Адилет, 9-класстын окуучусу: " Эне көргөн тон бычат…" эссе

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия уюштурган «Сен сүйгөн кыргыз макалы» аттуу эссе жазуу сынагынын баш байгесине татыган катышуучунун омоктуу ойлорун камтыган дил баянын сунуштамакчыбыз.

“Сен сүйгөн кыргыз макалы” аттуу эссе жазуу боюнча республикалык сынактын баш байгесинин ээси,

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы №2 орто мектебинин 9-классынын окуучусу

Медербек уулу Адилет

Эне көргөн тон бычат…

Сан жылдар көөнөрбөй жашап келген эл чыгармачылыгы элдин акылына, эмгегине, табигый шартына, тарыхый окуяларына жараша өсүп-өнүгөт. Кайсы гана элди албайлы, алардын ата-бабаларынан калган көптөгөн баа жеткис мурастары бар. Макал-лакаптар ошол ата мурасы болгон ыр, жомок, эпос, табышмак, дастан, жаңылмач, казал, аңгеме сыяктуу тил өнөрүнүн бир булагы болуп саналат. Булар оозеки чыгармачылыктын көрүнүктүүсү, эл арасына эң көп тараганы жана укмуштуудай кызыктуусу. Макалдардын пайда болуу тарыхына көз чаптырып карай турган болсок, ал ар бир элдин көз карашынын, улуттук өзгөчөлүгүнө жараша пайда болгон акыл-эстин жыйындысы. Кээде айтыла турган ойдун ордун макал өзү эле аткара алуу касиетине ээ. Сүйлөп жаткан киши макал-лакапты колдонуу менен сөзүнүн маанилик деңгээлин көтөрүп, оюн терең, таасын берет.

Түрдүү тарыхый доорлордо коомдук өзгөрүштөргө карата жаңы-жаңы макалдар эл тарабынан жаралып келатат. «Сөздүн көркү – макалда» дегендей, кыргыз эли кылымдар бою сөз күчүн баалап, сөз кадырын билген эл. Алар таамай айткан курч сөзгө жыгылып, же мактоо сөздүн таасири менен зоболосу көтөрүлүп, эл алдында кадыр-баркка жеткен. Ошондуктан эл «Жакшы сөз жан эритет» , «Малга жарды кылса кылсын, сөзгө жарды кылбасын» деп улуу тилдин, курч сөздүн баркын түшүнгөн. Макал элдин орошон акылынын, даанышмандыктын жыйындысы болуп эсептелет. Ал аркылуу адамды туура жашоого, маңыздуу өмүр сүрүүгө тарбиялап келишкен.

Аталган сынакка катышууну чечип, бирок кайсы макалдын үстүндө жазууну чече албай көпкө толгондум. Анткени кыргыз элинде макалдар абдан көп. Акыры «Эне көргөн тон бычат» деген макалга токтолдум. Жакында биздин үйгө таенем келген эле. Кичүү инимдин туулган күнүнө арнап оюнчук, кийим-кеченин ордуна колго саймаланган жаздык алып келгени мени ойго салды. Жоктон барды тапкандай кубанып кеттим, буюмга эмес, эмне жөнүндө жазарыма ошол саймалуу жаздык себеп болмокчу болду. Кичүү таенем менен чоң таенемдин өнөрү жөнүндө сөз козгоону эп көрдүм. Менин таенеме апасы чеберчиликти үйрөткөн экен. А таенем болсо өз кызына, апама «жороп» деп аталуучу килем согууну, сайма саюуну үйрөтүптүр.

Биздин үйдө нукура таза табигый буюмдар бар. Алар жүндөн токулган килемдер, абдан кооз саймаланган жүк тирелген жаздыктар. Булардын баары таенемдин бармактарын жоорутуп жараткан эмгектери. Апам кичинекей кыз мезгилинен тартып бой жеткиче өз колу менен сайма сайып, сеп камдап жүрүптүр. Алардын арасында чоң таенемдин жасагандары да бар. Таятамдын кышында үстүнөн түшүрбөй кийип жүрүүчү аппак булгаары тону болор эле. Аны меринос коюнун терисин ийлеп ашатып, бычып-тиккен экен. Муундарга уланып келе жаткан бул сыяктуу өнөрлөр мени таң калтпай койгон жок. Ар бир эне өз кызына ушул сыяктуу өнөрлөрдү үйрөтсө, мунун өзү улуттук дөөлөт эмеспи.

Чоң таенем сексен беш жашта. Жылына бир жолу кышкы эс алуу күндөрүндө биздикине мейманчылап, өрүк зарлуу Баткенден келип турат. Ал жашы бир топко барып калса да бирөөнүн жардамысыз өзү басат. Атүгүл чебереси биздикине же кичүү таенемдикине келгенде үйдөгү майда-барат иштерге кол кабыш кылмайын тура албайт. Мисалы төшөк шырый коет, жүн ийире калат. Ал алты кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн. Кыздарынын баарын килем токуу, сайма саюу, өрмөк өрүү сыяктуу өнөрлөргө үйрөткөндүгүн өз оозунан көп уккам.

Таенемдин таар сокконуна, курут жаюу үчүн камыштан себет токугандарына жайкы каникул учурунда өзүм да күбө болгонмун. Ойлонуп отуруп өзүмдүн теңтуш кыздарымдын көпчүлүгү мындай өнөрлөрдөн кур калганын эстейм. Азыр баары даяр, кызга берилүүчү септи апасы өзү жасабастан, чеберге буюртма бере коюшат. Көз тайгылткан сеп буюмдарынын канчалык маңдай тер агызып, бармак жоорутуп жасалганын көрбөгөн кыздар кайдан билмек анын баркын? Анан кантип өз кыздарына кийин эне болгон учурунда таенелерим сыяктуу өз өнөрлөрүн үйрөтө алышат? Бул өнөрлөр да бара-бара кызыл китепке киргизилип калбайбы деген суроого кабыласың. Кыргыз эли кыздарын өстүрүп-тарбиялоосунда алардын адебине, жүрүм-турумуна, өнөр үйрөнүүсүнө катуу талап коюшкан. «Кыздуу үйдө кыл жатпайт», «Кызга кырк үйдөн тыюу» сыяктуу макалдар кыздарга коюлган талап, аларды тарбиялоого болгон багытты мүнөздөп турат. Кыз баланын ыйман-ызаты, үй-бүлөлүк турмушка даярдыгы баарынан мурда ата-энеге байланыштуу. «Эшигин көрүп төрүнө өт, энесин көрүп кызын ал» деген кептер ушундан улам көп айтылган.

Айтылуу «Манас» эпосундагы баатыр Манастын жубайы Каныкейдин да уздугу, акылдуулугу, бүйрөлүгү боюнча бааланып, «канга ылайыктуу жар» дешип никелешкен эмеспи. «Жакшы аял жаман эрди жакшы кылат, жакшы эрди элине баш кылат» дегендей Манасты Манас кылган да Каныкей энебиз болгон. Курманжан датка энебиз да кысталыш учурунда белги берүү үчүн жибекке сайма сайып, Алымбек даткага жибергенин айтпай кетсек болобу.

Илгерки ата-бабаларыбыз салтты катуу кармагандыктан, кыздары ыймандуу, адептүү болушкан. Айтарым жогоруда айтылган чыгаан кыздардын ысмы жомокко айланбастан, арабызда уз-чеберлер, өрмөчү-саймачылар, ыймандуу-адептүүлөр көбүрөөк болсо деген гана изги тилегим бар. Өнөрлүү адамдардын билгендерин биз, жаштар алып калсак.

Чоң таенем былтыркы кышта келип, кайра кайтканда дагы келип туруусун айтсам ал: «Ээ балам, балким акыркы келгеним ушулдур, сапарым карып баратат менин да»,- дегенин эстесем азыр да так ошондогудай тамагым буулуп, ыйлагым келип кетет. Чоң таенемдин быйылкы кышта да биздикине меймандап келишин чыдамсыздык менен күтүп жүрөм. Анткени кышка бир аз гана убакыт калбадыбы.

Мен да убагы келип үй-бүлө күтүп, бала-бакыралуу болсом, сөзсүз кыздарымды өнөрлүү болууга тарбияламакмын. Кыргыздын өнөрүн улантып, кийинки муундарга берүү биздин парзыбыз эле эмес, турмуш-тиричиликтин зарылчылыгы да болуп эсептелинет эмеспи.

Жогоруда айтылган макалдар аркылуу кыздарыбызды туура жашоого, эмгекчил болууга, кайсы бир өнөрдү аркалап, маңыздуу өмүр сүрүүсүнө бир аз болсо да түрткү болор деген ишеничим бек.

Медербек уулу Адилет, Кызыл-Кыя шаарынын №2 орто мектебинин 9-классынын окуучусу

Кыргызстанда доллар менен насыя берүүгө тыюу салынды

Ипотекалык жана башка керектөөчүлүк насыяларды доллар менен берүүгө тыюу салуу 28-февралдан баштап күчүнө кирди.

Буга байланыштуу өзгөртүүну Улуттук банктын башкармалыгы 10-февралда бекиткен. Тыюу салуу коммерциялык жана башка каржылык-насыялоо мекемелерине тийиштүү.

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев калктын аярлуу катмары үчүн ипотека боюнча насыясын доллардан сомго которуу мүмкүнчүлүгүн кароону банктын төрагасына тапшырган.

Кредитти которуу шартына ылайык, насыя алуучу Кыргызстандын жараны болушу шарт. Экинчиден, анын алган үйү Кыргызстандын гана аймагында катталып, 40 миң долларга чейинки насыя 2015-жылдын 1-июлуна чейин алынган болушу зарыл жана ал бир гана адамга жазылышы керек.

Нурбек Токтакуновдун өлүмүнө ким себепкер?

2016 -жылдын 30-январь күнү  болжол менен  кечки саат 20:00 аралыгында Нарын облусунун Ат-Башы айылынын тургуну Токтакунов Нурбек Орозмукамбетович   Ат-Башы айылындагы үйдөн “тамеки  алам” -деп эшикке чыгып кеткен бойдон кайрылып келбей калды. Мурда-кийин бир да жери ооруп, ооруканага кайрылган эмес, бирок, ошол каргашалуу күнү белгисиз себептер менен көчөдө бүк түшүп отуруп калганын көргөн айыл тургундары  тез жардам кызматына кабарлаган. Тез жардам кызматынын бизге берген маалыматына караганда, “Нурбек Токтакуновдун абалы бейтапканага алып барууга муктаждык жаралган эмес”деп алгачкы жардамын көрсөтпөстөн , Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө кабарлап, Токтакуновду милиция алып кеткен. Бул жерде маркумдун абалы канааттандыралык болуп жаткан билген тез жардам кызматы эмне себептен милициянын колуна салып берди деген күмөндүү ойлор жаралат. Азырынча судмедэкспертизанын жыйынтыгы толугу менен чыга элек, алдын-ала айрым маалыматтар боюнча спирттик ичимдиги ичпегендиги ачыкталган.

Экинчи күмөн жаратуучу жагдай: Райондук ички иштер бөлүмү Нурбек Токтакуновду соттолгондор жата турчу жайга алып барып камап салган. Ур-токмокко алып, кыйноолордун негизинде өлтүрүлгөнү туурасында күмөн ойлор жаралат. Себеби, өлүктү караганда, баш мээси жагы томпоюп шишип калган, бөйрөк тараптарында көк-ала тактардын изи турат.  Ал ошентип бир кыйла убакытка чейин кыйналып жатып Токтакуновдун үнү чыкпай калганын сезген милиция өкүлдөрү барган соң, эбак каза тапкан. Бул түнкү саат экиден, таңкы саат жетилердин ортосунда болгон окуя. Эртең менен жетилерде Ат-Башы райондук бейтапканасында орун алган өлүкканага сөөгүн алып барып таштаган. Ошол эле күнү саат 11лер чамасында Нурбек Токтакуновдун атасы Орозмукамед Токтакуновго  “өлүкканадагы сөөк сиздин уулуңуз болушу мүмкүн” деп карап көрүүсүн өтүнгөн бойдон кетет. Бул жерде да оркойгон күмөндүү суроолор туулат: эмне себептен бири-бирин, алтургай, иттерине чейин тааныган Ат-Башы айылында Нурбек Токтакуновду таанымаксан болуп, алтургай, өлтүргөндөн кийин гана “балаң өлүп калыптыр” деп милиция кызматкерлердин билмексенге салышы эмнени каңкуулайт?

Күмөндүү суроолорго ачык жоопту укук коргоо органдарынан талап кылабыз:

  • Нурбек Токтакуновдун көчөгө бүк түшүп жатып калышына эмне себеп, эгерде, мас болсо, тез жардам кызматы аларды аныктай албайбы? Спирттик ичимдиги ичкендиги ачыкталбай туруп, эмне себептен милицияга карамата салышкан?
  • Ички иштер министрлигинин кызматкерлери мас экенин аныктабай туруп эмне себептен убактылуу кармоочу жайга камайт? Ошол эле маалда маркумдун денесиндеги тактар эмне себептен пайда болгон?
  • Камерадагы видео байкоолорду эмне себептен арадан канча убакыт өтсө дагы эч кимге көрсөтпөй ар кандай шылтоолор менен ИИМ көрсөтпөй жатат. Эгерде ушул видеолор ачыкка чыкса каргашалуу окуянын келип чыгышынын себептери так ачыкталмак. Мындан улам ИИМ кызматкерлерине шек саноолор жаралып жатат. Токтакуновду ур-токмокко алып, зордук-зомбулук менен өлтүргөнү ачыкка чыгып калат деген негиз менен жашырып жаткандай сезилет.
  • Тирүү кезинде таанымаксан болуп туруп, каза тапкандан кийин милиция Нурбек Токтакунов экенин кантип таанып калышты?

Сурап билүү телефону: 0700708792— 0701477450

Улукбек Кутманбаев, журналист

«The Current Time» теледолбоору «Борбор Азия» программасын сунуштайт

«Учур» («The Current Time») телеберүү долбоору жарым сааттык «Борбор Азия» маалымат көрсөтүүсүн обого чыгара баштады.

«Борбор Азия» -«инфотаймент» стилиндеги ачык, динамикалуу, интерактивдүү программа, деген пикирде долбоордун жетекчиси Кенан Алиев.

«Борбор Азия» берүүсүндө чөлкөмдөгү саясий, экономикалык, социалдык жана маданият тармагындагы орчундуу окуялар, ошондой эле дүйнөлүк маанилүү жаңылыктар талданат.

Аймактагы мамлекеттердеги илим, билим берүү, көркөм өнөр, тарых жана спорт тармактарында болуп жаткан окуяларга өзгөчө көңүл бөлүнөт.

Программаны Борбор Азия өлкөлөрүнүн баш калааларында, Москвада, Брюсселде, Лондондо, Вашингтон, Нью-Йорк жана Бээжинде жайгашкан бөлүмдөрдүн адистери даярдашат. Бириккен редакция Прагадан орун алып, ал жерлерде да өз кесибин мыкты билген редактор, продюсер, режиссер, тв-дизайнер, журналисттер жана диджитал-адистер топтолгон. Программаны Борбор Азияга белгилүү алып баруучу Динара Егеубаева (Аргин) алып барат.

Быйыл сентябрда ишке киришкен долбоор өз жемишин берип жатат. Борбор Азиядагы бир нече алдыңкы телекомпаниялар «Учур» долбоору даярдаган берүүлөрдү көрсөтүүдө.

Булак: centralasian

Адилет Айтикеев, журналист: "Мелис Мырзакматов Кыргызстандагы китепти эң көп окуган саясатчылардын катарына кирет, бул кишиде нукура башкаруучулук талант, көрөңгө, тубаса саясый акыл бар"

“Мелис Мырзакматов менен күндөп-түндөп, жумалап маектешип, сүйлөшүп отурган адам катары ал киши туралуу абдан бийик ойдомун.

Мелис Мырзакматов Кыргызстандагы китепти эң көп окуган саясатчылардын катарына кирет жана ал киши кызыкпаган, талкуулабаган тема жок. Кайсыл теманы талкуулабагын ал киши 1-2 контрольный вопрос менен ордуңа коюп коет. Дүйнөлүк саясат, геополитика, державалардын тиреши, полководецтер, менмин деген ойчулдар, саясий ишмерлер, диктаторлор, созидателдер менен разрушителдер, аскердик тактика, мамлекетти башкаруудагы ыкмалар, деги койчу, бардык темада бул киши менен талкуу жүргүзүү абдан кызыктуу өтөт.

Биз Мырзакматовго чоң-кичине саясатты үйрөтө албайбыз. Бул кишиде нукура башкаруучулук талант, көрөңгө бар. Тубаса саясый акыл бар. Ошондуктан башкасына акыл айтсак да Мырзакматовго акыл үйрөтпөй шүк отурганыбыз оң го дейм досум (Жанар Акаев), кандай дейсиң? Андан көрө сен экөөбүз Салянова менен Жанна Д Арктын айырмасын чаташтырбай билип алганыбыз олжо деп ойлойм. Сөз төркүнүн түшүнгөн чыгарсың, эстүү эле баласың го…”

Жанар Акаев, КСДПчы депутат: "Мырзакматов чоң саясатты жакшы деле түшүнгөн эмес, баарын мен жасадым деп өзүнө ыйгарып алган"

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов эмнеге эл арасында кадыр баркка ээ болду? Ал ошол кезде чоң саясатты жакшы деле түшүнгөн эмес. Бирок, ал чарбаны жакшы түшүнгөнү үчүн элдин көп колдоосуна ээ болду. Анын ошол кезде Ош шаарына жасаган иштерин көпчүлүк эле баалап жүрбөйбү. Бирок, ал жасалган иштерге каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөнүн, эл аралык уюмдардан чоң жардам келгенин айтпай ушунун баарын мен жасадым деп өзүнө ыйгарып алган. Ушул кемчиликтери болбосо Ошко жакшы иштерди жасаганын эл деле билет.

Булак: Мaralfm.kg

«Сен сүйгөн кыргыз макалы» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия «Сен сүйгөн кыргыз макалы» аттуу эссе жазуу сынагын 2015-жылдын октябрь айында жарыялаган. Жобого ылайык, сынак 3 тур менен өткөрүлдү. Жалпы билим берүүчү орто мектептерде район-шаардык, областтык жана республикалык, ал эми жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн факультет ичинде, окуу жайдын ичинде жана тандалып алынгандар республикалык сынакка катышты.

Жалпысынан сынакка келген 125  катышуучунун 41и жогорку окуу жайлардан , ал эми калган  84ү мектеп жана кесиптик окуу жайлардан  болгон.Келип түшкөн иштер каттоодон өтүп ар бирине номер коюлуп, аты-жөнү жашырылып калыстар тобуна берилди. Алар ар бирин дыкаттык менен карап чыгып жеңүүчүлөрдү аныктады.

Калыстар тобунун төрагасы педагогика илимдеринин доктору, профессор А.Муратовдун жана башка мүчөлөрү С.Рысбаев, А.Молдоканов, З.Ажыматов жана Ж.Абидетегин М.Токторовдордун пикиринде мыкты деңгээлде жазылган иштер жок. Ошондой эле калыстар тобу жазылган иштердин бир катары көчүрмө экендигин, көбүнчөсү интернет булактарынан, окумуштуулардын пикирлерин чогултуп даярдап беришкендигин белгилешти. Бирок ошого карабастан, жаштар бул долбоорго кызыгып аракет кылгандыгын эске алышып, жакшы деп табылган ой толгоолорду жеңүүчүлөрдүн катарына кошушту.

Баса белгилей кетчү нерсе, иштерди текшерүүдө купуялуулук толук сакталып, жеңүүчү аныкталган соң, аты-жөнү, кайдан келгендиги жөнүндө маалыматтар ачык болду.

Баш байге – Медербек уулу Адилет, Баткен областынын Кызыл-Кыя шаарынын Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы №2 орто мектебинин 9-класстын окуучусу;

Мектептер боюнча

1-орун: Кабылбекова Даткайым, Кочкор районунун Ш.Абдылдаев атындагы орто мектебинин 10-класстын окуучусу;

2-орун: Күмүшбекова Сезим, Жайыл районунун А.Күрүчбеков атындагы орто мектебинин 10-класстын окуучусу;

3-орун: Игамбердиева Мухлиса, Ош шаарынын №21 А.С. Пушкин атындагы гимназия-мектебинин 9-класстын окуучусу.

Кызыктыруучу сыйлыктарга: Тыныбек кызы Диана, Талас облусунун Кара-Буура районунун Ч.Айтматов атындагы орто меткебинин 10-класстын окуучусу; Казакбаева Саадат, Кемин районунун Б.Солтоноев атындагы Тегирменти орто мектебинин 9-класстын окуучусу; Пазылбек кызы Аида, Жайыл районунун Полтовка орто мектебинин 10-класстын окуучусу; Майрамбекова Гүлшара, Жайыл районунун Т.Кожомбердиев атындагы орто мектептин 11-класстын окуучусу.

Жогоркуу окуу жайлар боюнча

1-орун: Канатбек кызы Өмүргүл, Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинин 1-курстун студенти;

2-орун: Үркүнбай кызы Таттыгүл, Ош мамлекеттик университетинин орус филология факультетинин 1-курстун студенти;

3-орун: Бакыт кызы Фатима, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 1-курсунун студенти.

Мындан сырткары кызыктыруучу сыйлыктарга Асаналиева Саткынбүбү, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти, Эркин уулу Баяман, КР Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы, Жумабекова Жылдыз Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенти, Аскарова Жибек Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын студенти көрсөтүлдү.

Калыстар тобу сынакка түшкөн эсселерди жыйнакка чыгарууну колдогон жок. Бирок, эссенин автору катары эмес, материалды даярдоочу, түзүүчү катары жеңүүчүлөрдүн эмгектерин гезит беттерине жана сайттарга чыгаруу сунушталды.

Сынактын жеңүүчүлөрү Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын атайын дипломдору жана китептери менен сыйланышат.

Меню