Menu

УКМК: Кримтөбөл Камчы Асанбектин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү Токмоктун тургунун коркутуп, 210.000 сом акчасын алып жаткан учурда кармалышты

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык КБР катталган опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Чүй облусунун Токмок шаарында “мыйзамдагы ууру” К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү И.Дж. жана В.Ш. кармалды. Алар абакта жаткан К.Асанбектин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, Токмок шаарынын тургунунан физикалык зомбулук көрсөтөбүз деп коркутуу жолу менен 2500 АКШ долларын талап кылышкан.

2023-жылдын 26-сентябрында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 210 миң сом акча каражатын алуу учурунда И.Дж. жана В.Ш. кармалып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда КР УКМК тарабынан башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Араванда дүкөнчүнү уруп-сабап, 19 миң сомун алып, дагы 31 миң сом талап кылган милиционер кармалды

КР УКМК тарабынан ИИМнын Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2023-жылдын 25-сентябрында 12 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Араван райондук милициясынын участкалык инспектору, милициянын лейтенанты Ж.у.К. кармалды, ал Араван районундагы азык-түлүк дүкөндөрүнүн биринен 26 миң сомдук азык-түлүк уурдалды деген факты менен арыздануучусу жок ишти токтотуу үчүн 31 миң сом талап кылган. 

Буга чейин, 2023-жылдын 21-сентябрында участкалык инспектор Ж.у.К. шектүүнү Д.О. аттуу досу менен бирге кеңсесине чакырып, кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуу менен физикалык күч колдонуп, опузалап акча талап кылып, 19 миң сом алганы аныкталды.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында милиция кызматкери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Өткөн 2022-жылы Кыргызстанда 2 миллион чет элдик турист эс алган

Кыргыз Республикасында туризм приоритеттүү тармактардын бири болуп саналат. 2022-жылы эс алуучулардын саны 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик 1,5 эсеге көбөйүп, 2 млн. адамды түзгөн, алардын ичинен туризмдин уюштурулган секторунда 1,1 млн. адам (1,7 эсеге көп) эс алган. Бул тууралу КР Улуттук статистика комитети билдирет.

2023-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасында туризм чөйрөсү менен байланышкан экономикалык ишмердикти жүргүзгөн 121,1 миң чарба жүргүзүүчү субъект (юридикалык жана жеке жактар) катталган.  

2022-жылы 441 эс алуу жана туризмди уюштуруу мекемеси, 60 турфирма жана туроператор, ошондой эле эс алуу мекемелеринин аймагында жана алардын аймагынан сырткары жайгашкан 1,3 миң конок үй туристтерди кабыл алган жана тейлеген. 

Көрсөтүлгөн туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн олуттуу бөлүгү Ысык-Көл облусуна туура келди, мында 2022-жылы 1,5 миң эс алуу жана туризмди уюштуруу мекемеси, конок үйлөр туристтерди кабыл алган жана тейлеген. Облустагы туризмдин уюштурулган секторунда эс алуучулардын саны 384 миң адамды түзгөн, бул 2020-жылга салыштырганда 1,4 эсеге көп.  Мындан сырткары, Ысык-Көл облусунун курорттук зонасынын уюштурулбаган секторунда (конок үйлөр жана үй чарбалар) 2022-жылы 800 миңден ашык адам эс алган же бул 1,2 эсеге көп. 

2022-жылы туристтик фирмалар аркылуу 11,4 миң адам жөнөтүлгөн, алардын 80 пайызы Кыргызстандын жарандары, ал эми 20 пайызы Кыргызстанда саякаттаган башка өлкөлөрдүн жарандары болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Чек ара кызматынын маалыматтары боюнча 2022-жылы Кыргыз Республикасынын чек арасын кесип өткөн чет өлкөлүк жарандардын саны (жарандыгы бар өлкөлөр боюнча) 7 миллиондон ашкан. Кесип өтүүлөрдүн (келүүлөрдүн) негизги саны Өзбекстандын, Казакстандын, Россиянын жана Тажикстандын жарандарына туура келген.

2022-жылдагы жарандыгы бар өлкөлөр боюнча чет өлкөлүк жарандар тарабынан Кыргыз Республикасынын чек арасын кесип өтүүлөрдүн (келүүлөрдүн) саны 

 

Кемпир-Абад иши: абактагы төрт саясатчынын адвокаттары эл аралык уюмдарга кайрылды

Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектин №1 тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчылар Равшан Жээнбековдун, Азимбек Бекназаровдун, Жеңиш Молдокматовдун жана Кубанычбек Кадыровдун адвокаттары эл аралык уюмдарга кайрылды.

Азимбек Бекназаровдун жактоочусу Эркин Саданбеков жарыялаган кат Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыйноолорго каршы комитетине, Human Rights Watch (HRH), Amnesty International эл аралык уюмдарына жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборго жолдонгон.

Анда шектүүлөр №1 тергөө абагынын жертөлөсүнө кармалып жатканы, ал жерде аба айлануу системасы жок жана сыз экени айтылган.

Сентябрдын башында Жаза аткаруу кызматы Кемпир-Абад иши боюнча абакта отурган төрт саясатчыны №1 тергөө абагынын жертөлөсүнө которгону маалым болгон. Саясатчылар алар жайгашкан камералар суук, сыз жана санитардык абалы начар экенин билдирип, эл аралык уюмдарга, Акыйкатчы институтуна, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго жана укук коргоочуларга кайрылышкан.

Жаза аткаруу кызматы кыйноолор тууралуу маалыматтарды четке кагып, шектүүлөр абактагы башка адамдардай эле шартта кармалып жатканын билдирген.

11-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиев Жумгал районунун Чаек айылында атайын кызматтын жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып, абак жайлардын шартына нааразылыгын билдирген саясатчыларга жооп берген. Ал түрмө мыйзам бузгандарды тарбиялоо үчүн курулганын айткан.

УКМК: Ошто милиционерлер үчүн курулган 220 квартираны бөлүштүрүүдө пара алып, кезекте турбагандарга да бөлүштүргөн жетекчилер кармалды

2021-жылы Ош шаарында милиция кызматкерлери үчүн 220 батирлүү үй курулуп, алар кезектүүлүк боюнча батир алышкан. Облустун укук коргоо органдарына батирлерди мыйзамсыз бөлүштүрүү боюнча көптөгөн даттануулар келип түшкөндөн кийин кылмыш иши козголуп, кийин Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызмат адамдарынын аракеттеринде кылмыштын курамы жок болгондуктан кыскартылган.

 Бирок КР Башкы прокуратурасы тарабынан кылмыш иши кайрадан козголуп, КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына өткөрүп берилген.

 Тергөөнүн жүрүшүндө, 2021-жылы Ош облусунун ИИБнын Транспорт боюнча ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги М.Ы.А. жана анын орун басары Ж.М.Р. кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, биринчи кезектеги кызматкерлерди башка аймактарга атайылап которушкан.  Андан кийин Турак-жай жана турмуш-тиричилик комиссиясынын мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп алышып, акчалай сыйлык алуу учун документтерди бурмалоо жолу менен мурда кезекте турбаган адамдарды биринчи кезектин катарына киргизишкен. 

Тергөө тарабынан чогултулган далилдердин негизинде 2023-жылдын 25-сентябрында Транспорт боюнча ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси М.Ы.А., анын орун басары Ж.М.Р. жана кызматкер Д.А.К. кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 Учурда тергөө иштери уланууда.

Нарында 7 жаштагы кызды зордуктап өлтүргөн 64 жаштагы тургун 12 жылга кесилди

Нарын облусунун Орто-Нура айылында жети жаштагы кызды өлтүрүүгө айыпталган адам 12 жылга кесилди. Мындай өкүмдү Нарын райондук соту 22-августта чыгарганын Нарын облустук сотунун басма сөз кызматы 27-сентябрда билдирди.

Жабырлануучу тарап өкүмгө нааразылыгын билдирип, кийинки инстанцияга кайрылды. Иш облустук сотто кийинки аптада каралышы мүмкүн экени айтылды.

28-апрелде Нарын районунун Орто-Нура айылында жети жаштагы кыз мектептен чыккан бойдон үйүнө жетпей калган. Анын сөөгү эч ким жашабаган үйдүн ичинен табылган. Сыртынан кароо жүргүзүлгөндө ага күч колдонулганы аныкталган.

Кылмышка ушул эле айылдын 64 жаштагы тургуну шек саналып кармалып, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

"Кумтөр Голд Компани": 2022-жылы "Кумтөр Голд Компани" тарабынан 15 900 кг алтын өндүрүлгөн эмес, 17 305 кг алтын өндүрүлгөн

Каржы министрлигинин өкүлү айткан маалыматта бир катар так эместиктер бар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин отурумунда Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын жетекчиси Алмазбек Кочкоров “Кумтөр Голд Компани”  жабык акционердик коомунун ишмердүүлүгү боюнча бир катар так эмес маалыматтарды берди.  

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ишинин жыйынтыктары тууралуу билдирет.  

Алсак, 2022-жылы “Кумтөр Голд Компани” тарабынан 15 900 кг алтын өндүрүлгөн эмес, 17 305 кг алтын өндүрүлгөн.  

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ишкана 986,5 млн АКШ доллары  өлчөмүндө киреше алган, ишкананын отчеттук мезгилдеги таза кирешеси  371,7 млн АКШ долларына жеткен, парламенттин отурумунда  билдирилгендей 385 млн АКШ долларына эмес. Өткөн жылы ишкананын  өлкөнүн бюджетине салыктар, Кыргыз Республикасынын Социалдык 

фондуна которуулар жана 2009-жылдагы кайра каралган инвестициялык  макулдашууда каралган башка милдеттүү төлөмдөр 387,7 млн АКШ долларын (32,2 млрд сом) эмес, 385 млн АКШ долларын түзгөн.  

Муну эске алуу менен, “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун ишинин жыйынтыктары жөнүндө бардык маалыматтар эркин  жана жеткиликтүү ишкананын расмий сайтында төмөнкү домендик дарек боюнча жайгаштырылган: www.kumtor.kg / “отчеттор” бөлүмү.

УКМК Бишкек шаардык сотунун судьясы Назгүл Ильязованы $5000 пара алып жаткан жеринен кармады

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан сот тутумундагы коррупциянын көрүнүштөрүн жоюу боюнча жүргүзүлгөн системалуу иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясы “И.Н.А.” опузалап акча талап кылып алгандыгы үчүн кармалды.

Бишкек шаардык сотунун айрым судьялары каралып жаткан кылмыш ишинин алкагында эркинен ажыратуу менен байланышпаган оң чечим чыгарып берүү үчүн жактоочунун ортомчусу аркылуу соттолуучунун жакын туугандарынан опузалап 5 миң АКШ долларын (443 500 сом) өндүрүп алышкан. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, соттор тарабынан уюштурулган туруктуу коррупциялык схеманын иш жүзүндөгү фактысы, алардын кылмыштуу иштерине “ишенимдүү” адвокаттар тартылганы аныкталды.

Ошол эле учурда, судьяга акча каражаттарын берүүнүн алдында жактоочунун жанында мурда даярдалган (адалдоого алынган) каражаттар болушу керек болчу, алар соттук коллегияга кирген экинчи инстанциянын судьяларынын ортосунда бөлүштүрүлгөн.

Белгилей кетсек, акча каражатын алмаштыруунун бул схемасы системалуу мүнөзгө ээ болуп, судьялар менен алдын ала макулдашылып адвокат тарабынан анын кылмыштуу аракеттерин жашыруу максатында ишке ашырылып жүргөн.

Бул кылмыштуу амалдын катышуучуларынын планы боюнча, эгерде алар укук коргоо органдары тарабынан кармалса, адвокат туруктуу жана ишенимдүү ортомчу катары, акча каражатын көрсөткөн юридикалык кызматы үчүн акы катары алганын айтмак, ал тууралуу алдын ала ойдон чыгарылган келишим түзүлүп даярдалган.

Ошону менен бирге, зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлгөндөн кийин бардык колдо болгон маалыматтарды, анын ичинде судьянын түздөн-түз катышуусу менен ишке ашырылган акча каражаттарын алуу жана адалдоо боюнча “белгиленген коррупциялык схеманын иштешин”, судьялар жеке коопсуздугуна ынангандан кийин акча каражатын алганын тастыктаган көрсөтмөлөр алынды.

2023-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаардык сотунун судьясы “И.Н.А.” Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2023-жылдын 26-ноябрына чейин КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Азыркы учурда бул коррупциялык схемага тиешеси бар Бишкек шаардык сотунун башка судьяларынын жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча кылмыш иштеринин далил базасын бекемдөө боюнча тиешелүү активдүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

ИИМ: Президенттик ак сарайды куруп жаткан чет элдик инвесторду коркутуп, $200.000 доллар талап кылган Төлөн Нурбаев кармалды

Үстүбуздөгү жылдын 24-сентябрь күнү КР ИИМдин тергөө кызматына Х.С. аттуу башка мамлекеттин жараны арыз менен кайрылган. Анда, 2023-жылдын 22-августунан 16-сентябрына чейинки убакытта Н.Т. аттуу арыздануучунун таанышы «Ислам» жана «Фазиль» аттуу уулдары менен кылмыштуу сүйлөшүп, белгисиз маркадагы ок атуучу курал менен анын үй-бүлөсүнө зыян келтиребиз деп коркутуп, башка өлкөнүн үч жаранына арыздануучуга карата арыз жазууга мажбурлашкан. Анда, Президенттик администрациянын жаңы имаратын куруп жаткан жумушчулардан ар биринен 150 миң сом акча каражатын алган деп билдирген.
2023-жылдын 16-сентябрь күнү саат 21:00 чамасында Т.Н. Бишкек шаарындагы үйлөрдүн биринде болуп, Х.С.ны каматам деп жана жогорку кызматтагы адамдар менен коркутуп, республиканын укук коргоо органдары ага карата материалдарды жана арыздарды чогултуп жаткандыгы тууралуу терс маалыматтарды берип, дагы бир жолу жакшылап ойлонорун айтып кеткен.
2023-жылдын 17-сентябрь күнү саат 20:30 чамасында Т.Н. борбор калаада жайгашкан кафелердин биринде Х.С.ны шантаж кылууну улантып, жумушчулардын арызы менен коркутуп, 200 миң АКШ долларын талап кыла башташкан.
Ошол эле күнү бул кылмыш ишинин алкагында 1978-жылы туулган Н.Т.нын жашаган жерине тинтүү жүргүзүлүп, анын “BMW X7” үлгүсүндөгү унаасынан өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү баңги заты, темир кастети жана 11 даана патрондор табылып, алынган.
Аталган кылмыш ишинин алкагында 2023-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96, 97-беренелерине ылайык, 2001-жылы туулган Н.И., 1997-жылы туулган М.Ф., башка өлкөнүн жараны кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Ал эми, 2023-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96, 97-беренелерине ылайык 1978-жылы туулган Н.Т. кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулу бир айга камалды

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 20-октябрга чейин камакка алынды. Сот анын бөгөт чарасын 25-сентябрда карады.

Жактоочусу Алманбет Бексултановдун айтымында, Кылмыш жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо”) менен кылмыш иши 8-сентябрда козголгон. 13-сентябрдагы Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдындагы митингден кийин ал 278-беренеге (“Массалык башаламандыктар”) алмаштырылган.

Шамшидин уулун 21-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кармаган. УКМК бул боюнча расмий маалымат тарата элек.

Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров 2-сентябрда камакка алынган. ИИМ 2-сентябрда камакка алынган Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси (“Мамлекеттик чыккынчылык”) менен айып коюлганын билдирген. Биринчи Май райондук соту анын бөгөт чарасын ошол эле күнү карап, 24-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камалган.

13-сентябрда Бишкек шаардык соту анын бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырган. Ал күнү сот имаратынын алдында Мадумаровдун тарапташтары митинг өткөргөн.

Кыргыз-казак өкмөттөрү данды үзгүлтүксүз жеткирүүнү макулдашты

Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинде социалдык маанидеги жүктөрдү – дан, май, кант жана күйүүчү-майлоочу майды үзгүлтүксүз жеткирүү макулдашылганын билдирди.

Тиешелүү протоколго 23-сентябрда Казакстандын Тараз шаарында өткөн кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 11-жыйынында кол коюлган. Жыйында Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чек арада жүктөрдү негизи жок кармоолорду токтотуп, тоскоолдуксуз өткөрүү керектигин айткан.

Кыргызстанда ушул айда Казакстандан ташылып келген ундун баасы кымбаттады. Буга чейин Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башчысы Руслан Жунушов 2023-жылдан баштап буудайдын баасы 12%, ун 14-15% кымбатташы мүмкүн экенин билдирген. Кыргызстан буудайды негизинен Казакстан менен Орусиядан алып келет.

Август айынын соңунда кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде жүк ташыган машиналардын узун кезеги пайда болгон. Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги мындай абал үчүн Казакстанды “Евразия экономикалык биримдигинин эрежелерин сактабай жатат” деп айыптаган.

Казакстандын Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетинде эч кандай чектөө жок экенин, чек арада мыйзамсыз иштерге каршы иш-чаралар жүрүп жатканын жарыялаган.

ИИМ зомбулукка каршы ыкчам тиркеме иштеп чыгат

Ички иштер министрлиги (ИИМ) зордук-зомбулукка кабылган аялдарга тез жардам берүүгө багытталган мобилдик тиркеме иштеп чыгат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, “Кадес” деп аталган тиркемени Түркиянын Ички иштер министрлиги сунуштаган. Смартфонго жүктөлгөн бул тиркеме аркылуу зордук-зомбулук, аңдуу, ар кандай ыдык көрсөтүүгө же кооптуу кырдаалга туш болгон кыз-келиндер милицияга ыкчам кабар менен геолокация жибере алышат.

Бул күндөрү Чүйдө мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган келиндин окуясы коомчулукта кызуу талкуу жаратууда.

20-сентябрда Чүй облустук милициясы Селекция айылында 36 жаштагы аял бычакталып, ооруканага түшкөнү боюнча маалымат келгенин билдирген. Буга шектүү катары 39 жаштагы А.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов келинге сегиз сааттык операция жасалганын, учурда абалы орточо оор экенин билдирди.

Кыргызстанда “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзам 2017-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, зордук-зомбулук тууралуу милицияга жабыркаган тарап гана эмес, күбөлөр да арыз жаза алышат. Мындай учурда милиция зомбулук көргөн аялга “убактылуу коргонуу ордерин” жазып берет.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстандагы ар бир төртүнчү аял зомбулукка кабылып келет. Мындай окуялардын 98% күйөөсү айыптуу экени далилденген. Ички иштер министрлиги эки жылда Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан 20 аял каза болгонун, жыл сайын 10 миңдей аял үйүндө зомбулукка кабылып жатканын 2022-жылы билдирген.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы зомбулуктун бул түрүнө байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин 90% түрдүү себептерден улам сотко жетпей жабылып калып жатканын билдирген.

Камактагы Адахан Мадумаров ИИМде "Бүтүн Кыргызстан" партиясы шайлоодо талапкерден алган $50.000 боюнча беш сааттай сурак берди

Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаров 23-сентябрда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкы башкармалыгында беш сааттай сурак берди. Бул тууралуу журналисттерге саясатчынын адвокаты Майрамбек Жумабеков билдирди.

Анын сөзүнө караганда, буга чейин Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган.

“Адахан Мадумаров “андан бери сегиз жыл өтүптүр. Мен эч нерсени билбейм. Биздин партия акча чогултпайт. Талапкерлерден акча чогултуу партиянын уставында да жок” деп айтты”, – деди Майрамбек Жумабеков.

Ички иштер министрлиги жазылган арыз жана Адахан Мадумаровдун суракка алынышы тууралуу маалымат бере элек.

Адахан Мадумаровду милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери 2-сентябрда Бишкекте кармап кеткен. Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчыны 24-октябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганын маалымдаган.
Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Анда “Бийликтен аша чабуу” деген берене боюнча айып коюлган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.
Депутатты Кемпир-Абад маселеси боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.
Адахан Мадумаров чек ара протоколу боюнча коюлуп жаткан айыпты “жомок” деп атаган. Ал Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын 2008-2009-жылы туура бир жыл аркалаган. Ошол кызматта турган 2009-жылы Ош – Баткен – Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет. Ал сөз болгон протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан бери күбө катары сурала баштаган.
Президент Садыр Жапаров былтыр жыл башында “Вечерний Бишкек” басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атаган.

Генпрокуратуранын бөлүм башчысы $700.000 уурдап чыгып, кумар оюндарына уттуруп койгон

Кечээ, 22-сентябрда Аскер прокуратурасынын кызматкерлери Генералдык прокуратуранын бөлүм башчысы Рустам Абдурасуловду кармашты.

Биздин маалымат булактары билдиргенге караганда Рустам Абдурасулов президенттин көзөмөлүндө турган “Керемет Банкы” боюнча кылмыш ишинин далили катары шектүүлөрдөн алынган 740 миң долларды прокуратуранын далил буюмдар сакталчу кызматтык сейфинен уурдап чыгып, кумар оюндарына (букмекердик конторага) уттуруп койгон.

Эреже боюнча Рустам Абдурасулов ал акчаны банкта сактоо керек эле, тилекке каршы прокуратура кызматкери мындай чоң сумманы өзүнүн кызматтык сейфинде сактаган.

Рустам Абдурасулов буга чейин КР Генпрокуратурасынын Башкы тергөө башкармалыгын жетектеп келген.

Азыр Абдурасулов камакка алынып, тергөө иштери жашыруун деп жарыяланды.

УКМК: Улуттук университет менен Бишкек мамлекеттик университетинин жетекчилери Кытай берген гранттык орундарга студенттерди кабыл алууда ар биринен $900 пара алып кармалышты

Республиканын мамлекеттик университеттериндеги коррупцияны аныктоо боюнча иш-чаралардын алкагында, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жана К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин факультеттеринин жетекчилери тарабынан уюштурулган, Кытай Эл Республикасындагы гранттык орундарга окууга кабыл алуу үчүн, студенттерден 900 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алуу боюнча коррупциялык схема аныкталган. 

Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында пара талап кылгандыгы үчүн «И.Б.М.» жана «А.С.Х.» аттуу жарандар кармалып, өз кезегинде «Б.Р.С.» аттуу жаран КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Кытай Кемпир-Абаддан Фергана шаарына таза суу жеткирет

Кытайдын SINOMASH холдинги Кемпир-Абад суу сактагычынан Фергана шаарына таза  сууну жеткирүү боюнча долбоорду ишке ашырат. Бул тууралуу Фергана облустук акимчилиги билдирди.

Маалым болгондой, SINOMASH компаниясы менен алдын ала макулдашуу түзүлгөн. Мындан тышкары компания облустагы социалдык мекемелердин курулушун жана капиталдык реконструкциялоо иштерин да жүргүзөт.

2022-жылы Өзбекстан менен Кыргызстан эки өлкөнүн чек арасындагы Кемпирабад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча келишимди ратификациялаган.

Ага ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өткөн. Кыргыз өкмөтү Өзбекстан анын ордуна 19 миң гектар жерди бергенин билдирген.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын саясатчы, активист былтыр октябрда камалган.

Борбор Азиянын 5 өлкөсү+АКШ (C5+1) лидерлеринин биргелешкен билдирүүсүндө энергетикалык коопуздук жөнүндө айтылды

21-сентябрда Ак үй БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында өткөн “С5+1” форматындагы президенттердин деңгээлиндеги алгачкы саммиттин катышуучуларынын биргелешкен билдирүүсүн жарыялады.

Узун текстте аймактагы энергетикалык коопсуздук маселелерине басым жасалып, бирок адам укуктарын сактоо жөнүндө дээрлик сөз болгон эмес.

АКШ, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттеринин атынан жасалган биргелешкен билдирүүдө өнөктөштүк бардык мамлекеттердин аймактык бүтүндүгүн жана суверендүүлүгүн сыйлоого багытталган БУУнун Уставынын принциптерин бекем сактоого негизделгени айтылат.

“Тынчтыкка жана гүлдөп-өнүгүүгө умтулуу менен биз аймакта жаралган коркунучтарды жана татаал көйгөйлөрдү чечүү үчүн туруктуу кызматташууну кубаттайбыз. Биргелешип Борбордук Азияда коопсуздукту чыңдоо, экономикалык туруктуулукту жогорулатуу, туруктуу өнүгүүнү колдоо, климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү жана тынчтыкты бекемдөө боюнча иш-чараларга берилгендигибизди дагы бир жолу ырастайбыз”, — деп жазылган билдирүүдө.

Анда амбициялуу программаларды ишке ашыруу аймактагы өлкөлөрдүн туруктуу өнөктөштүгүн талап кылары жана “C5+1” механизминин маанилүүлүгү белгиленген.

АКШ жана Борбор Азия өлкөлөрү Ооганстандагы кырдаалды эске алуу менен коргонуу жана терроризмге каршы күрөшүү маселелеринде кызматташууну бекемдөөгө ниетенишүүдө.

“Аймактагы бардык өлкөлөр жана эл аралык коомчулук терроризмден оолак, адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин, анын ичинде аялдар менен кыздарды сыйлаган, өзү жана коңшулары менен тынчтыкта жашаган эгемендүү жана өз алдынча Ооганстанды колдоону улантууга тийиш”, — деп айтылат биргелешкен билдирүүдө.

Текстте дүйнөлүк базарга чыгууну кеңейтүү жана Борбордук Азияга, анын ичинде жашыл экономикага эл аралык инвестицияларды тартуу зарылдыгы белгиленген.

Биргелешкен билдирүүдө негизинен Борбор Азия өлкөлөрүнүн энергетикалык коопсуздугу, энергетикалык системаларды интеграциялоо жана аны дүйнөлүк базарга коопсуз жеткирүү жөнүндө сөз болгон.

HRW эл аралык уюму Сокулукта бычакталган келин боюнча билдирүү таратты

Human Rights Watch (HRW) эл аралык уюму Сокулук районунун Селекция айылында бычакталган келин жөнүндө макала жарыялады.

Анда келиндин окуясы кенен баяндалып, өлкөнүн укук коргоо органдары начар иштегендиктен үй-бүлөлүк зомбулук болуп жатканы айтылат.

Уюм 2022-жылы Кыргызстанда 6580 үй-бүлөлүк зомбулук катталып, анын 2709у гана сотко жеткенин белгилеген. HRW кыргыз бийлигин үй-бүлөлүк зомбулукту токтотууга кескин чараларды көрүүгө чакырды.

20-сентябрда Чүй облустук милициясы Селекция айылында 36 жаштагы аял бычакталып, ооруканага түшкөнү боюнча маалымат келгенин билдирген. Буга шектүү катары 39 жаштагы А.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов келинге сегиз сааттык операция жасалганын, учурда абалы орточо оор экенин билдирди.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (“Денеге оор залал келтирүү”) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө уланып жатат.

Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Сокулук районунун Селекция айылында бычакталган келиндин иши боюнча кеңешме өткөргөн. Анда келинди бычактоого шек саналып кармалган А.Э. аттуу жаранга буга чейин эки жолу зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү болду.

Кыргызстанда “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзам 2017-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, зордук-зомбулук тууралуу милицияга жабыркаган тарап гана эмес, күбөлөр да арыз жаза алышат. Мындай учурда милиция зомбулук көргөн аялга “убактылуу коргонуу ордерин” жазып берет.

Сокулуктун Селекционный айылында күйөөсү аялын балдарынын көзүнчө сабап, кулагын, мурдун кесип, бычактап салган

20-сентябрь күнү Чүй облусунун Сокулук районунун Селекционный айылынын тургуну ажырашып кеткен аялына келип, зомбулук көрсөтүп, балдарынын көзүнчө сабап, бир нече жерин бычактап, акырында аялынын кулагы менен мурдун кесип салган. Бул тууралу КР Жогорку Кеңешиндеги жыйында бир нече депутат айтып чыкты.

Бул эргул буга чейин да бир нече жолу ажырашкан аялына келип, зордуктап зомбулук көрсөтүп кетип турган.

Аялынын жазган арызына милиция менен сот органдары кош көңүл мамиле кылышкан. Милиция экөөсүн жараштырып, кармалган күйөөсүн коюп жиберсе, сот пробацияга чыгарып жиберип турган экен.

Азыр аял оор абалда ооруканада жатса, мурунку күйөөсү камакта жатат.

 

Казакстанда кримтөбөл "Дикий Армандын" (Кыргызстандын күйөө баласы) иши боюнча сот отурумдары жабык өтөт

Январь окуялары учурунда адамдарды уурдоо жана кыйноого алуу иши боюнча сот отурумдары жабык өтөт. Буга чейин сотко мындай өтүнүч менен жабырлануучулардын адвокаттары кайрылган.

Бул иште жалпысынан 45 киши айыпталуучу катары өтүүдө. Алардын арасында “Дикий Арман” деген каймана ысым менен белгилүү Арман Жумагелдиев жана Улуттук коопсуздук комитетинин 5-департаментинин мурдагы башчысы Руслан Искаков да бар.

Сот мындан тышкары тергөө абагында отурган айыпталуучулардын үй камагына чыгаруу жана Жумагелдиев менен Искаковдун УУКнын тергөө абагынан ИИМдин тергөө абагына которуу өтүнүчтөрүн канааттандырган жок. Ошондой эле айыпталуучуларды сотко видеобайланыш аркылуу катыштыруу тууралуу буга чейинки чечимди күчүндө калтырды.

Бул иш боюнча кийинки отурум 6-октябрга белгиленди. Ал жабык өтөт.

18-сентябрдагы отурумда Руслан Искаков Январь окуясы учурунда УККнын мурдагы төрага орун басары Самат Абиштин буйруктарын аткарганын билдирген. “Менин көрсөтмөлөрүмдү жашыруун кылып коюшту. Алар Самат Абиштин бул иштеги ролун жашыруу үчүн ушундай кылышты. Менин Абиштин буйруктарын аткарганымды айтуума тыюу салганга аракет кылып жатышат”, – деген Искаков.

Самат Абиш Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси, маркум Сатыбалды Назарбаевдин уулу. 19-сентябрда Казакстандын Башкы прокуратурасы Абишке карата тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди. Ал Январь окуясы маалында “кызматтык ыйгарым укуктарын ашыкча пайдаланган” деп айыпталууда.

КазТАГ агенттиги Башкы прокуратуранын басма сөз кызматына шилтеме кылып, Абиш Казакстанда экенин, ага карата белгилүү бир аймактан чыкпоо бөгөт чарасы белгиленгенин жазды.

Азырынча Самат Абиш өзү же анын жакындары бул айыптоо боюнча комментарий бере элек.

Экс-президенттин инисине карата кандуу Январь окуяларынан дээрлик эки жыл өткөндөн кийин гана айып тагылууда. Башкы прокуратура 2022-жылы июнда Абиш тергөөнүн назарында экенин билдирген. Ошол эле жылы июлдун аягында ал “Карим Масимовдун жана башка айыпталуучулардын” иши боюнча “күбө катары” сурак бергени кабарланган.

Президент Жапаров тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгын жарыялады

Президент Садыр Жапаров 2023-2027-жылдарды Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын жарыялоо жарлыгын чыгарды. Бул тууралуу маалымат 21-сентябрда мамлекет башчынын сайтына жарыяланды.

Жарлык өлкөнүн экологиялык, экономикалык, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууну, климаттын туруктуулугун жогорулатууну, жаратылыш мурастарын сактоону көздөйт.

Анын алкагында тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгын даярдоо жана өткөрүү үчүн уюштуруу комитети түзүлүп, бул багытта Нурлан Айтмурзаев президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды.

Тышкы иштер министрлиги бир ай ичинде беш жылдыкты уюштуруу боюнча жол картанын долбоорун иштеп чыгып, Министрлер Кабинетине сунушташы керек.

Былтыр декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясы Кыргызстандын демилгеси менен 2023-2027-жылдарды “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы” деп жарыялаган.

Башкы Ассамблеянын 77-сессиясы бир добуштан “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” деп аталган резолюцияны кабыл алган. БУУга мүчө 109 мамлекет ага авторлош катары кошулган.

Кыргызстанда 2022-жыл – Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланган.

Айгүл Жапарованын фонду Temirov Live каналынын иликтөөсүнө жооп берди

“Эне – балага тирек” фонду Temirov Live редакциясынын иликтөөсүндө айтылгандар жөнүндө билдирүү таратты.

Фонд Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги аларга акча бергени тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын белгилеген.

Кытай элчилиги фонд менен биргеликте Баткен облусундагы социалдык долбоорлор, кондитердик жана тигүү цехин ачуу, мектептер үчүн заманбап интерактивдүү такталарды сатып алууга 9 112 267 сомдук жардам көрсөткөнү көрсөтүлгөн.

Чакмак Мемет аттуу жаран 563 610 сом салым кылып, “Ас-Сафа” борбору майыптыгы барлар үчүн 1 315 250 сомдук материалдык жардам тагыраагы, арабаларды бергенин тактаган.

Буга чейин журналист Болот Темиров жетектеген Temirov Live редакциясы президент Садыр Жапаровдун жубайы, биринчи айым Айгүл Жапарова жетектеген “Эне – балага тирек” фонду тууралуу иликтөө жарыялаган.

Иликтөөчү журналисттер анда аталган фонд Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинен 9 млрд сом, Чакмак Мемет аттуу кишиден 564 миң сом жана “Ас-Сафа” коомдук бирикмесинен 1 млрд 300 млн сом каражат алганын маалымдаган.

Элчилик менен коомдук бирикмеден алынган сумма грант экени айтылса, жеке жаран фондго ыктыярдуу салым катары акча төккөнү кеп болду.

2022-жылдын январында Темировдун Ютубдагы Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Ташиевдин аты аталган. Ошол эле күнү Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан. Мындан кийин Болот Темиров кармалып, кийин кайра коё берилген.

2022-жылдын ноябрында журналист кайра кармалып, ага “Орусиянын паспортун пайдаланып, Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алган” деген айып тагылган. Былтыр ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту Болот Темировду маңзат сактаган жана чек арадан мыйзамсыз өткөн деген айыптар боюнча актап, документке (паспорт) байланыштуу айыптуу деп тапкандан кийин ал дароо Кыргызстандан Москвага мажбурлап чыгарылган. Ушул эле өкүмдү кийин Бишкек шаардык соту менен Жогорку сот күчүндө калтырды.

Журналист Болот Темиров өзү ага карата мындай чечим мыйзамсыз экенин айтып келет. Бир катар эл аралык уюмдар да Темиров жемкорлукту ашкерелегени үчүн саясий куугунтукка кабылганын белгилешүүдө.

ИИМ: Жылаңач сүрөттөрүңдү жарыялайм деп коркутуп, аял кишиден 200.000 сом өндүрүп алган жаран кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 17-сентябрь күнү милицияга арыз менен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун жашоочусу (аял киши) кайрылган. Ал арызында акча каражатын опузалап талап кылып жаткан жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.
Шектүү жаран “интимдик мүнөздөгү сүрөттөрдү интернетке чыгарам” деп коркутуу менен тынымсыз түрдө 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылып келген. Буга чейин ал 2021-жылдан бери шантаж жолу менен арыздануучудан 200 миң сом алган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүмү (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
Жогорудагы факты боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча 3-башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн.
2023-жылдын 19-сентябрь күнү Базар-Коргон районунун аймагынан жабырлануучудан 25 миң сом акча каражатын накталай алып кетип бара жаткан жеринен шектүү кармалган. Кармалган учурда шектүү өзүнүн “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү унаасы менен кетип жаткан.
Кармалган жарандын өздүгү такталып, ал Жалал-Абад облусунун 1987-жылы туулган М.У. болуп чыккан. Бул кармалган жаран Жалал-Абад ШИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бишкек шаардык соту Фархат Исмаиловду депутаттык мандаттан ажыратуу боюнча чечимди күчүндө калтырды

Бишкек шаардык соту Фархат Исмаиловдун мандатына байланыштуу апелляциялык арызды карап, биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы 20-сентябрда билдирди.

Мандатынан ажыратылган дагы бир депутат Фарходбек Алимжановдун арызы Бишкек шаардык сотунда 28-сентябрда каралат.

Борбордук шайлоо комиссиясы эки депутаттын мандатын 6-июлда алган. Алар мындай чечимге каршы сотко кайрылган. Бишкектин административдик соту алардын арызын канааттандырган эмес.

Былтыр апрелде Улуттук коопсуздук комитети Исмаилов менен Алимжановдун жогорку билими жөнүндөгү документтери жасалма болуп чыкканы тууралуу БШКга маалымат берилгенин билдирген.

Парламенттин сайтындагы маалыматтта Исмаилов Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетти жана Юридикалык академияны аяктаганы, Алимжанов Ош мамлекеттик университетинде, андан кийин президентке караштуу Башкаруу академиясында окуганы жазылып турат.

Экөө тең дипломдору жасалма деген маалыматты четке кагып, мандатын коргоо үчүн мыйзамдуу кадамдарга бара турганын билдиришкен.

Италияда кой баккандар азайып, Кыргызстандан 100 чабанды үй бүлөсү менен көчүрүп кетүүгө келишим түздү

Кечээ, 19-сентябрда Италиянын Coldiretti айыл чарба компаниясы Кыргызстандан Италиянын Сардиния аралына 100 чабанды үй бүлөсү менен кой-эчки багуу салтын улантуу максатында көчүрүп кетүүгө КР Эмгек министрлиги менен келишим түзгөнүн жарыялады.

Италия Сардиния аралында жоголуп бараткан кой жана эчки сүтүнөн сыр жасоо жана жылкы чарбасын жандандырууну каалайт.

Мурун эт жана сүт өндүргөн Сардиния аралынын жаштары айыл чарбасында иштегиси келбей чоң шаарларга кете баштаганынан бул тармак кескин аксап, Италия өкмөтү Индиянын Пенжаб аймактарынан 10 миң эмгек мигранттарын чакырып, кой-эчки бактыра баштаган. Алар эт жана сүт өндүрүп, Пармезан быштагын жасап, барган жерлеринде жакшы отурукташып кетишкен.

Эми Кыргызстандан да 18 жаштан жогору 45 жаштан ашпаган курактагы, мурун мал чарбасында иштеген тажрыйбасы бар 100 чабан чакыра баштады. Келечекте 1000ден ашык чабан керек болору айтылууда. Алар Сардиниянын  Сассари, Барбажи жана Саррабус райондоруна жайгаштырылат.

Бул долбоор каралбай калып кеткен айыл чарба райондорун жандандыруу, калктын карып бараткан катмарынын көбөйүшү жана калктын санынын азайышы сыяктуу көйгөйлөр менен күрөшүүгө багытталган.

 

 

 

 

 

Өзбекстанда аялды тепкен ИИМ кызматкери иштен алынды

Өзбекстандын Фергана шаарында кичинекей баласын көтөрүп жүргөн аялга орой мамиле кылып, аны тээп жиберген полиция кызматкери иштен алынды. Бул тууралуу Фергана облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

18-сентябрда социалдык түйүндөрдө полиция кызматкери балалуу аялды тээп, аны күч менен автоунаага отургузуп жатканы тартылган видео жарыяланган. Укук коргоо кызматкеринин бул аракети коомчулуктун нааразылыгын жараткан.

Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 18-сентябрда жол коопсуздугун көзөмөдөө кызматкерлери баласы менен кайыр сурап жүргөн аялдан жолго чыкпоосун өтүнүп, аны менен “профилактикалык максатта” сүйлөшүүгө аракет кылышкан. Бирок аял полиция кызматкерлерине “активдүү каршылык көрсөткөн”.

“Аялды автоунаага отургузууга аракет кылганда ал баласын жерге таштап жиберип, аны инспекторлор кармап калышкан. Кызматкерлердин биринин андан аркы аракети коомдук резонанс жаратып, ошол эле күнү кызматтык териштирүү башталган. Анын жыйынтыгында инспектор иштен алынган”, – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Бакыт Төрөбаев ун темир жолдогу тыгындан улам кымбаттап жатканын айтты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тийиштүү мамлекеттик органдардын жана ун, мунай ташуучулар ассоциацияларынын өкүлдөрү менен азык-түлүк коопсуздугу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 19-сентябрда кабарлады.

Анда Казакстандан чыккан ундун баасынын жогорулашы, күйүүчү, майлоочу майдын баасы талкууланды. Төрөбаев өлкөдө буудай тартыштыгы жок экенин айтып, казак уну темир жолдогу сезондук тыгындан улам кымбаттап жатканын айтты.

“Мамлекеттик материалдык резервдер фонду ун ишканаларын керектүү көлөмдөгү буудай менен камсыздайт. Мамлекеттик материалдык резервде күн карама майы, ун, кумшекер сыяктуу керектүү азык-түлүктөр жетиштүү көлөмдө бар. Биз эң аз дегенде беш ай бою өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздай алабыз”, — деди Төрөбаев.

19-сентябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында бир нече депутат базарда нандын, ундун баасы кескин кымбаттаганын айтып чыккан. Депутат Жусупбек Коргонбай уулу өкмөттү чара көрүүгө чакырган.

“Эмне үчүн көчөдө нан, ун кымбаттап кетти? Нандын баасы 40 сомго чыгып кетиптир. Ун миң сомго кымбаттады”, – деген ал.

Март айында Улуттук статистика комитети 2017-2022-жылдар аралыгында дан азыктарынын баасы 51,1% кымбаттаганын билдирген.

Кыргызстан буудайды негизинен Казакстан менен Орусиядан алып келет. Мурда эки өлкөнүн буудай импортундагы үлүшү дээрлик теңме-тең болчу, Орусиядан 55%, Казакстандан 45% келчү. 2022-жылы бул көрсөткүч кескин өзгөрүп, Орусия 97%, Казакстан 3% үлүшкө ээ болгон.

Казакстан Ысык-Көлдөн 49 жылга ижарага алган 4 пансионат боюнча убадаларын аткарган жок

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин 19-сентябрдагы жыйынында экономика жана коммерция министринин орун басары Самат Шатманов Казакстанга 49 жылга ижарага берилген Ысык-Көлдөгү пансионаттар жөнүндө маалымат берди.

Анын айтымында, пансионаттар ижарага алынгандан бери эч кандай оңдоп, түзөө жүргүзүлгөн эмес.

“Бүгүнкү күндө төрт пансионат Казакстандын министрликтеринин алдында болгондуктан, биз сураган 3-4 жылдыздуу мейманканаларды курууга каражаты жок экен. Казак тарап инвесторлорду тартуу боюнча өзгөртүү киргизип бергиле деп суранган”, – деди Шатманов.

Депутат Улугбек Ормонов башка мамлекеттерге ижарага берилген пансионаттар жөнүндө келишимдин шарттары аткарылбай жатат деп сындады.

“Келишимге кол коюп, талаптарды айтып алып аны сураган эч ким жок. Ал ким менен кантип курат, эмне ишибиз бар? 49 жылга бердик, талаптар аткарылбаса, келишим жокко чыгарылышы керек”, – деди ал.

Депутат Ормонов Азербайжанга беш жылдыздуу мейманкана куруу үчүн Ысык-Көлдүн жээгинен 17 гектардан ашык жерди 49 жылга ижарага берүү тууралуу келишимди да тыкыр кароо зарыл деген маселе көтөрдү.

Салык кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Умтулов Казакстанга 49 жылга ижарага берилген Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын экөө гана иштеп жатканын, алар 2023-жылы төрт миллионго жакын салык төккөнүн маалымдады.

Кыргыз өкмөтү көл жээгиндеги “КазГу”, “Олимп”, “Казакстан” жана “Самал” пансионаттарын 2006-жылы 49 жылдык мөөнөткө деп Казакстанга ижарага берген. Эки тараптуу келишимде эс алуу жайлары 6-7 жылдын аралыгында оңдоп-түзөөдөн өтүп, туризмди өнүктүрүү боюнча чоң долбоорлор ишке ашары жазылган.

Жакында эле Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги өзбекстандык компанияларга Ысык-Көлдөгү “Дилором”, “Золотые пески”, “Рохат” жана “Бустон” пансионаттары 49 жылга пайдаланууга берилгенин жарыялаган.

Кыргыз камволдук-нооту комбинатынын мүлкүн мыйзамсыз менчиктеп алган "Аю" холдингинин ээси Шаршенбек Абдыкеримов сыртынан камакка алынды

УКМК тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында “Кыргыз камволдук-нооту комбинаты” ААКсынын (мындан ары – ККНК), азыркы “Битекс компани” ААКнын мүлкүн күрөөлүктөн жеке колго мыйзамсыз өткөрүү фактылары аныкталды. 

1997-жылы “ККНК” ААК Япония Өкмөтүнөн жана “KFW Германия” банкынан эки техникалык кредит (жабдуу) алган.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги кредитор катары “ККНК” ААКсы менен 916 миң 137 немец маркасы жана 5 миллион 246 миң 600 АКШ доллары өлчөмүндө карыздык милдеттенме түзүшкөн.

2014-жылы “А.Ш.Шнын” (“Аю” холдингинин негиздөөчүсү) адамдары “ККНК” ААКсынын жана Токмок шаарында жайгашкан “Касиет КПФ” ЖЧКсынын акцияларынын контролдук пакетине ээ болушкан.

Ошону менен бирге, 2015-жылы “ККНК” ААКсы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык кредиттик фондго күрөө катары технологиялык жабдууларды жана Бишкек шаарынын Чүй проспектиси 4 дарегинде жайгашкан 4,1 га жер тилкесин берген.

Жыйынтыгында 2016-жылы “ККНК” ААК жана “КПФ Касиет” ЖЧКсынын жооптуу адамдары КР Премьер-министрине кредиттик келишимди жана күрөөгө коюлган мүлктү “ККНК” ААКдан “КПФ Касиет” ЖЧКсына өткөрүп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы токтомуна ылайык, “ККНК” ААКнын 1997-жылдагы кредиттер боюнча карыздык милдеттенмеси боюнча болгон карызы мамлекетке башка күрөөлүк камсыздоо менен жалпы суммасы 519 млн.сомго “КПФ Касиет” ЖЧКсына өткөрүлүп берилип, “ККНК” ААКсынын мүлкүнөн бардык чектөөлөр алынып салынган.

Ошону менен, “ККНК” ААКны “Битекс Компани” ЖЧКсы катары кайра каттоо менен “А.Ш.Шнын” адамдары Бишкек шаарындагы Чүй проспектиси 4 дарегинде жайгашкан жер участокторуна менчик укугуна ээ болгон.

Тергөөнүн жыйынтыгы жана алынган далилдердин негизинде “ККНК” ААКнын мүлктөрү, 4,1 га жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды.

Шаардык сот 6 жылга эркинен ажыратылган активист Эмил Бекиевдин өкүмүн күчүндө калтырды

Бишкек шаардык соту алты жылга кесилген активист Эмил Бекиевдин апелляциялык арызын 7-сентябрда карап, биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырганы белгилүү болду. Бул тууралуу сот чечимдери жарыяланган act.sot.kg сайтындагы документте айтылат.

Ушул жылдын 2-июнунда Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2022-жылы Орусиядан депортация болгон кыргызстандык активист Эмил Бекиевди күнөөлүү деп таап, алты жылга соттогон.

Райондук соттун чечимине ылайык, Бекиев Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык баш аламандыктар) 3-бөлүгү, 327-беренесинин (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) 2-бөлүгүнүн 1-пункту, 330-беренесинин (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча күнөөлүү деп табылган.

Актыда жазылгандай, соттук отурумда Бекиев өзүнүн күнөөсүн толугу менен моюнуна алган эмес. Ал интернетке жарыялаган видеолорунда коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууга, бийликти күч менен басып алууга чакырык жасабаганын айткан.

Активист Эмил Бекиев былтыр 7-сентябрда Орусиядан депортацияланып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жеткирилген. Атайын кызмат ага кастыкты козутууга байланыштуу айып тагылганын, ал Facebook баракчасына “кастыкты козутуучу чагымчыл мүнөздөгү маалыматтарды жарыялап жүргөнүн” билдирген.

2021-жылдын ноябрында Москвада “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тарапкерлери болгон ондогон кыргызстандык саясий талаптарын айткан акция өткөрүшкөн. Акциянын уюштуруучуларынын бири болгон Эмил Бекиев анда 15 күнгө камалган.

Бишкек шаардык соту Олжобай Шакирди абакта калтырды

Бишкек шаардык соту 18-сентябрда тергөө абагында отурган жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арызды карап, аны абакта калтырды.

Олжобай Шакир сотто кылмыш ишин негизсиз деп эсептей турганын, өзүнө коюлган айып менен макул эместигин билдирди.

Бишкек шаардык соту 13-сентябрда анын кармалышын мыйзамдуу деп тапкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Олжобай Шакирди 23-августта кармаган. 24-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны 23-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган. Адвокаттар жазуучунун кармалышы жана камакка алынышын мыйзамсыз деп эсептеп, Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан.

Атайын кызмат Олжобай Шакирге (Эгембердиевге) Кылмыш жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген. Маалыматта шектүү “Facebook, TikTok жана YouTube социалдык тармактарында чагымчыл маанайдагы билдирүүлөрдү жайгаштырып, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыкка чакырган билдирүүлөрдү жайгаштырып келгени, бул боюнча эксперттик корутунду да чыкканы” айтылат.

Олжобай Шакир бийликтин дарегине ачуу сын-пикир айтып келет. Камалганга чейин Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга башкарууга берилишин сындап, ага каршы чыккан. Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди маекке чакырган. 31-августта нааразылык акциясын өткөрүү демилгесин көтөрүп жаткан.

Ал соңку кездерде журналисттик иликтөөлөрдү жасаган Temirov Live командасы менен да кызматташып жүргөн.

Олжобай Шакир 2017-жылдары “РухЭш” коомдук агартуу багытындагы сайтты негиздеп, иштетип келген.

Орус абагындагы балдарын экстрадициялоону сурангандар Жогорку Кеңеш алдына чогулушту

Орусиянын абактарында отурган кыргызстандыктардын жакындары Жогорку Кеңештен аларды мекенине экстрадициялоо маселесин чечип берүүнү суранууда.

18-сентябрда 30дан ашык киши парламент имаратынын алдына барып, депутаттарга кайрылуусун калтырышты.

Кайрылууда алар уулдарын абакта кармоо тартибин өзгөртүп, мекенине алып келип берүү өтүнүчүн жазышкан.

“150дөн ашык ата-эне күнүгө өкмөттүн эшигин каккылап келатабыз. Азыр орус-украин согушунан улам балдарыбызды үгүттөп, документке кол койдуруп, макулдугун алып, Украинадагы согушка алып кетип жатышат. Жаштыгы менен алардын айрымдары макул болуп, эркиндикти эңсеп, кетүүгө мажбур болууда. Аларды азыр жалпы режимдеги абактарда кармап жатышат. Биз катуу режимде кармоону кайра кайтарып, тезирээк экстрадициялоону суранып келатабыз, – деди чогулгандардын бири Арзыкан Ахунова.

Алар буга чейин президентке, УКМКга жана Жогорку Соттун төрагасына да кайрылганын айтышты.

Орусиянын түрмөлөрүндө миңден ашуун, тергөө абактарында да ошончо кыргызстандык бар экени парламентте айтылган.

“Вагнер” жалданма тобу аркылуу түрмөдөн Украинага кетип жаткан мекендештер боюнча маселени Жогорку Кеңештен депутаты Жанарбек Акаев да көтөрүп, Башкы прокуратураны ыкчам чара көрүүгө чакырган.

Орусиянын түрмөлөрүнөн жыл башынан бери 35 кыргыз жараны мекенине экстрадиция болгонун 20-июлда Башкы прокуратуранын өкүлү Назарбек Кенжеев маалымдаган.

Кремль Украинага кол салууга буйрук бергенден бери орус абактарынан кан күйгөн кармашка айдалган ондогон борборазиялык мигрант ажал тапты. Темир тордон чыгып, эркиндик эңсегендер “вагнерчилердин” азгырыгына оңой кирген. Айрымдары басымга кабылган.

Буга чейин журналисттер орус түрмөсүнөн согушка жөнөтүлүп, каза тапкан 10дон ашуун кыргыз жаранын аныктап, алардын жакындарынын арыз-арманын уккан.

Өзбекстанда сакал койгондорго жана хижаб кийгендерге каршы рейддер күчөдү

Өзбекстанда кайрадан сакал коюп жана хижаб кийип жүргөндөргө каршы рейддер күчөдү. Бул тууралуу “Озодлик” радиосу кабарлады.

Редакцияга окурмандар жөнөткөн видеодо Анжиян шаарындагы Банк колледжинин хижаб кийген студенттери окуу жайга киргизилбей, алардан жоолукту артка байлап салынуу талап кылынып жатканын көрүүгө болот.

“Биз сиздердин редакцияга Анжиян шаарындагы Банк колледжинин студент кыздарынын атынан кайрылып жатабыз. Хижаб кийген кыздардан жоолукту артка байлап салынуунун талап кылып жатышат. Бул талап канчалык мыйзамдуу?”, – деген “Озодлик” радиосуна видео жөнөткөн студент.

Акыркы кездери студент кыздардын хижаб кийүүсүнө тыюу салуу учурлары Өзбекстандын башка аймактарында да байкалууда.

Бухара шаарындагы Инженерия жана технология институтунун 3-курсунун студенти Фатима Абдуллох окуу жайдын жетекчилиги аны хижабын чечүүгө мажбурлаганына даттанып, президенттин кызы Саида Мирзиёева кайрылды.

“Институттун жетекчилери мени хижабды чечүүгө мажбурлашты. Урматтуу Саида Шавкатовна! Студенттердин окуу жайларга хижаб менен кирүүсүнө тыюу жок, сизден хижабчан кыздарды коргооңузду өтүнөм. Институттун жетекчилиги кыздардын хижабын чечтирүүдөн көрө сабак өтө албаган окутуучуларды текшерсин”, – деп жазган Абдуллох президенттин кызына жолдогон кайрылуусунда.

Буга чейин Чирчик мамлекеттик педагогикалык университетинин жетекчилиги 3-курстун студентинен хижабды чечүүнү талап кылып, болбосо окуу жайдын жатаканасынан орун берилбей турганын айтканы кабарланган.

Ал арада Алихонтура Шокиржон угли аттуу Facebook колдонуучусу Ташкенттин Сергели районундагы базарда сакал коюп жүргөндөргө каршы рейд болгонун жазды. Анын айтымында, рейддин жүрүшүндө сакалчан 10 киши кармалып, 15 суткага административдик камакка алынган.

Facebook’тун башка колдонуучулары 13-сентябрда Ташкенттин Мирзо-Улугбек жана Алмазар райондорунда да ушундай эле рейддер болуп, анын жүрүшүндө укук коргоо кызматкерлери төрт кишинин сакалын күчтөп алганын жазышты. Маалыматка караганда, алардын бири каршылык көрсөтүп, 15 суткага административдик камакка алынган.

11-12-сентябрь күндөрү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган топ Ташкенттеги бир нече ири тамактануучу жайларды текшерген. Анын жыйынтыгында Al-Fajr, Lagmon House, Tarnov boshi, Bursa, Nihol жана Joja сыяктуу ондон ашык кафелер менен ашканаларды жабуу чечими кабыл алынган. Себеп катары бул тамактануучу жайларда санитардык эрежелер сакталбаганы көрсөтүлгөн.

Бирок аталган жайлардын ээлери бийлик өкүлдөрүнүн бул аракетин өлкөдө башталган диний куугунтук менен байланыштырууда. Алардын айтымында, жабылган жайлардын баарында намазканалар болуп, кызматкерлери сакал коюп, хижаб кийип жүрүшкөн.

“Бул рейдден кийин кызматкерлерди милиция бөлүмдөрүнө жеткирип, эркектерди сакалын алууга, кыз-келиндерди хижабын чечүүгө мажбурлашты. Бул талапка баш ийбеген бир нече кызматкерге айып пул салынып, үч суткага камакка алынды. Намазканаларды жаап, “халал” деген жазууларды алып, аталыштарын өзгөртсөк кайра ачылышыбыз мүмкүн экенин айтышты”, – деди жабылган кафелердин биринин ээси.

Мындан тышкары “Озодлик” радиосу өз булактарына таянып, укук коргоо органдары Ташкенттеги ислам адабиятын жана кийимдерин саткан бир нече дүкөндү көзөмөлгө алганын кабарлады. Алардын ээлерине дүкөндөрдүн ислам аталыштарын өзгөртүп, араб тилиндеги жазууларды алуу сунушталган.

Өзбекстан Конституциясынын жаңы редакциясынын “Абийир эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү” 14-беренесине ылайык, диний уюмдарда иштебеген өзбекстанстандыктарга коомдук жайларда “диний” кийимдерди кийип жүрүүгө тыюу салынат.

Өткөн жумада Өзбекстандын муфтийи Нуриддин Холикназаров ислам дининде кийимге жана сырткы көрүнүшкө байланыштуу катаал эреже жоктугун айтып, мусулманчылыкта бардык нерсенин ченеми болушу керектигин, чүмкөнүп жүрүүнүн, кара кийинүүнүн, сөзсүз узун сакал коюп, шалбыраган шым кийүүнүн кажети жоктугун белгилеген.

13-сентябрда “Озодлик” радиосу Өзбекстандын мечиттеринде азандын үнү азайтылганын кабарлаган.

Өз булактардын маалыматына караганда, өкмөттүн 10-сентябрдагы жыйынында өлкөнүн премьер-министр Абдулла Арипов мамлекеттик кызматкерлерге мечитке баруунун “кесепеттери болорун” эскерткен.

Өзбек өкмөтүнүн басма сөз кызматы мындай жыйын болгонун ырастап, бирок премьер-министр аткаминерлерден “же жумушту, же динди тандоону” талап кылганын четке какты.

Ак үйдө АКШ президенти Жо Байден менен Борбор Азия лидерлеринин алгачкы саммити өтөт

Ак үйдүн кеңешчиси Жейк Салливан президент Жо Байдендин Борбор Азия лидерлери менен боло турган алдыдагы жолугушуусу тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, C5+1 форматындагы саммитте аймактагы коопсуздук, соода жана байланыш, климаттын өзгөрүүсү боюнча көйгөйлөр менен катар ар бир өлкөдөгү башкарууну жана мыйзам үстөмдүгүн жакшыртууга багытталган реформалар талкууланат.

“Иш жүзүндө алып караганда С5+1 программасы 2015-жылы башталган. Ошондон бери ал бекемделди. Эми биз бул иш кандай жүзөгө ашып жатканын лидерлер деңгээлинде көрө алабыз”, – деди Салливан.

Алгачкы C5+1 саммити тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде 2015-жылы ноябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында уюштурулган.

Президент Садыр Жапаров беш күндүк иш сапар менен АКШга кечээ 17-сентябрда жөнөп жатат.

18-сентябрда ал БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары саммитинин лидерлеринин диалогуна катышат. 19-сентябрда Башкы ассамблеянын жалпы дебаттарынын биринчи күнүндө сөз сүйлөйт.

Ошол эле күнү президент Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын жана Кошмо Штаттардын президенти Жо Байдендин биринчи саммитине катышат.

Кыргыз президенти Нью-Йоркто БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, БУУнун Өнүктүрүү программасынын администратору Аким Штайнер, бир катар мамлекеттердин жана эл аралык каржы институттарынын башчылары менен жолугушары жана 21-сентябрда АКШнын айрым ири компанияларынын өкүлдөрү катыша турган кыргыз-америка бизнес форумуна катышары кабарланды.

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык жөнүндөгү макулдашууга 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган. Бул стратегиялык документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

Жаңы келишимди даярдоо процесси бир нече жылдан бери уланып келе жатат.

Түркияда өрт өчүрүүчү тик учак кулап, анда 3 кыргыз жараны болгондугу такталды

Түркияда өрт өчүрүүгө тартылган тик учак кырсыкка кабылып, ичиндеги кыргыз жараны ооруканага түштү, дагы экөө дайынсыз болууда. Бул тууралуу 17-сентябрда Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу билдирди.

Окуя 16-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:53тө Мендерес аймагында (Измирге жакын жергесинде) болгону, токой өртүн өчүрүүгө катышкан тик учак Тахтали дамбасын сүзүп, кулап түшкөнү маалымдалды.

“Түркия Республикасынын Айыл жана токой чарба министрлигинин маалыматы боюнча, тик учакта төрт адам болгон. Алардын үчөө Кыргыз Республикасынын жараны. Учурда бир кыргызстандык ооруканада, калган жарандар боюнча издөө иштери уланууда. Башкы консулдуктун кызматкерлери окуя болгон жерге кырсыктын чоо-жайын тактап, Кыргызстандын жарандарына жардам көрсөтүү максатында жолго чыгышты”, – деп билдирди мекеме.

Түркиянын айыл жана токой чарба министри Ибрагим Юмаклы төрт адамдын үчөө кыргызстандык, бирөө түрк жараны экенин ырастады:

“Жалпысынан экипажда төрт кызматкер бар болчу. Үчөө кыргызстандык, бирөө түркиялык. Кыргыз кызматкер куткарылды, учурда ооруканада, абалы жакшы. Түнү менен калган үч кишини издөө иштери уланды. Таң атпай суучулдар тик учактын түшкөн жерин аныкташты”.

Кыргыз жарандары ал жакта учкуч кызматында келишимдик негизде иштеп жүргөндөр деген маалымат айтылууда.

Тажик бийлиги Кыргызстандын элчисин чакырып, Камчыбек Ташиевдин чек ара маселеси боюнча айткан сөздөрүнө тынчсызданганын билдирди

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев 16-сентябрда бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) чакырылганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Коңшу өлкөнүн тышкы саясий мекемесинин расмий сайтына бул тууралуу төмөнкүдөй маалымат жарыяланды:

“Элчиге 15-сентябрда маалымат мейкиндигинде Кыргызстандын жогорку мамлекеттик кызмат адамынын тажик-кыргыз чек ара маселеси боюнча айткан сөздөрү пайда болгонуна байланыштуу тынчсыздануу жеткирилди. Бул сыяктуу комментарийлер тажик-кыргыз чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү жараянынын жүрүшүнө олуттуу залакасын тийгизиши ыктымал экени белгиленди”.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча азырынча маалымат бере элек.

15-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, “кыргыз бийлиги чек ара боюнча жаңы документтерди тапканын, көптөгөн жер коңшу өлкөгө өтүп кеткенин ошол кагаздардын негизинде аныктап бере аларын” айткан жана “Тажикстан Кыргызстанга карата айрым чек ара дооматтарынан баш тартпаса, кыргыз тарап тарыхый документтердин негизинде коңшу өлкөгө укуктук жактан доомат артса болорун” билдирген.

Ушул күндөрү Кыргызстанда Баткендеги былтыркы кандуу окуянын курмандыктарын эскерүү иш-чаралары өтүүдө.

Кыргыз-тажик чек арасы такталып бүтө элек болгондуктан, ортодо куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет.

2021-жылы апрель айында 36 кыргызстандык курман болгон, тажик тараптан 19 адам каза болгону расмий жарыяланган.

2022-жылдын сентябрь айындагы кагылышта Кыргызстан 75 жаранынан айрылган, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын билдирген.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын расмий маалыматына караганда, былтыр 14-сентябрда башталып, 19-сентябрда басылган окуяда каза тапкан 75 кыргызстандыктын 51и аскер кызматкери, алардын 42си чек арачылар болгон.

АКШда прокурор президент Байдендин уулун салыкты жашырган, тапанчаны мыйзамсыз сатып алган деп айыптап, 25 жылга эркинен ажыратууну сурап жатат

АКШда атайын прокурор Дэвид Вайс президент Жо Байдендин уулу Хантер Байденге мыйзамсыз курал сатып алуу боюнча айып такты. Бул тууралуу CNN телеканалы кабарлады.

Хантер Байден 2018-жылы октябрда “тапанчаны жасалма документ менен сатып алган” жана “куралга лицензия алууда баңгизат колдонорун жашырган” деп айыпталууда.

Ошондой эле атайын прокурор президенттин уулунда маңзат колдонуп жүргөндө ок атуучу куралы болгонун билдирүүдө. CNN белгилегендей, кенже Байдендин бул эки аракети тең федералдык кылмыш болуп эсептелет.

The New York Times басылмасынын маалыматына караганда, эгер Хантер Байден бул тагылган айыптар боюнча күнөөлүү деп табылса, 25 жылга эркинен ажыратылып, 750 миң доллар өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилиши мүмкүн.

Президенттин 53 жаштагы уулу мындан тышкары салыкты жашырган деп да айыпталууда. Алгач ал курал сатып алуу иши боюнча айыпты жеңилдетүүнү көздөп, салыкка байланышкан иште күнөөсүн мойнуна алган. Бирок кийинчерээк айыптоолорду кайра четке каккан.

Кыргызстандык мигранттардын акча которуулары кыскарды

Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматына караганда, чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештер 2023-жылдын июль айында мекенине 145.9 млн доллар которгон. Бул май айына караганда 17.9 млн долларга аз.

Которулган акчанын басымдуу бөлүгү Орусияга туура келет (132.2 млн доллар). Экинчи орунда алыскы чет өлкөлөр турат. Улуттук банк башка өлкөлөрдөн 6 млн, АКШдан 4,5 млн, Түркиядан 1.7 млн доллар каражат которулганын билдирди.

Мигранттардын жыл башынан бери которгон акчасы 1 млрд 107.3 миллион долларды түздү. Бул өткөн жылдын ушул убактысына караганда 31,5 пайызга же 510.8 миллионго аз.

Ошол эле учурда июль айында жеке адамдар Кыргызстандан башка өлкөлөргө 30 млн доллар которушкан. Мында Орусияга 28 млн доллар, алыскы өлкөлөргө 1.1 млн доллар которулган. Азыраак бөлүгү Казакстан менен башка өлкөлөргө чыгарылган.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, жети айда жалпысынан 286.8 млн доллар акча Кыргызстандан башка өлкөлөргө которулган. Бул өткөн жылдын ушул убактысына караганда 188.8 млн долларга аз.

Кыргызстандын 7 млн калкынын 1 миллиондон ашууну миграцияда жүрөт. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда жана теңинен көбү орус жарандыгын алган.

Рахмон "Ансоруллох" эл аралык террордук тобу ооган-тажик чек арасын бузуп өтүү үчүн кол салганын билдирди

Тажикстан бийлиги “Ансоруллох” тобунун согушкерлеринин чек араны бузуп өтүү аракетине эки жолу бөгөт койгон.

Бул тууралуу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 14-сентябрда Душанбе шаарында өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин президенттеринин жыйынында билдирди.

Рахмондун айтымында, согушкерлер “Тажикстандын борборунда жана башка аймактарында бир катар террордук чабуулдарды жасоону” көздөшкөн.

5-сентябрда Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети “Ансоруллох” эл аралык террордук тобунун үч мүчөсү жок кылынганын билдирген.

Кабарда үчөө ооган-тажик чек арасынан 30-августта мыйзамсыз өтүп, Дарваз районуна жайгашканы, Тажикстанда “теракттарды жасоону көздөгөнү” айтылган.

Быйыл апрелде да Тажикстандын атайын кызматы ооган-тажик чек арасынан мыйзамсыз өткөн “Ансоруллохтун” эки мүчөсү өлтүрүлгөнүн маалымдаган.

“Ансоруллох” тобу курамына Тажикстандын жарандары кирген террордук уюм жана бир нече жылдар бою талибдердин тарабында согушуп келет.

“Ансоруллох” диний кыймылы Кыргызстанда да 2012-жылы экстремисттик деп табылып, ишмердигине тыюу салынган.

Бишкекте мектеп окуучуларынынын тамак-ашына бөлүнгөн миллиондогон долларды уурдап жеп жүргөндөр камакка алынды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан билим берүү тармагындагы коррупцияны азайтуу боюнча иштер улантылып, дагы бир кылмыш иши козголду, анын алкагында балдардын тамак-ашын негизинде мыйзамсыз баюу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери К.А.К. жана Д.А.А. тарабынан уюштурулган коррупциялык схема аныкталып, токтотулду. 

Тергөөнүн жүрүшүндө, жогорудагы адамдар, жеке материалдык пайда алуу максатында алдын ала бир чечимге келип алышып, Бишкек шаарынын Октябрь районундагы мектептерге жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине тамак-аш сатып алуу боюнча филиалдарга, продукцияларды жеткирүүчүлөргө ар кандай тендерлерде жеңиштерди ыйгарып тургандары аныкталды. Ошондой эле, жалган фирмалар аркылуу жасалма тендерлерди өткөргөн фактылары такталды.

Аталган К.А.К. жана Д.А.А. жасаган кызматтары үчүн өткөрүлгөн тендердеги сумманын 10 пайызын жеңдирип бергендиги үчүн дайыма алып турган. Ошону менен бирге иш жүзүндөгү каржылоонун кыскарышы жана берүүчүлөр тарабынан пайдага муктаждык балдарга берилүүчү тамак-аш азыктарынын сапатынын төмөндөшүнө түздөн-түз таасирин тийгизген.

Ошентип, К.А.К. нан азыктарын жеткирүү боюнча өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында сыйлык катары 220 миң сом өлчөмүндөгү акча каржатын алганы боюнча көрсөтмөлөр алынгын. 

Текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке миллиондогон доллар зыян келтирилгени аныкталып, зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Маалымат иретинде: 2022-жылы Октябрь районундагы мектептерге жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарына тамак-аш азыктарын сатып алууга бюджеттик каражаттардын эсебинен 230 млн 141 миң сом бөлүнгөн, тагыраак айтканда, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына (бала бакчаларга) 182 миллион 682 миң сом, мектептерге (1-4-класстар үчүн) 47 миллион 459 миң сом бөлүнгөн.  

Учурда К.А.К. кармалып УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди, ал эми Д.А.А. дагы кармалып УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргилди.

Учурда мындан башка коррупциялык фактыларды аныктоо жана бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

УКМК: 2010-жылдын июнь окуяларында Жалал-Абаддын тургунун мыкаачылык менен өлтүрүшкөн Сузактагы сепаратисттик топтордун лидерлери кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Сузак районунун аймагынан КР жарандары, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургундары 1980-жылы туулган К.Х.М., 1972-жылы туулган А.А.А., 1961-жылы туулган К.П.Т., 1965-жылы туулган А.А.А., 1958-жылы туулган М.А.И. жана 1971-жылы туулган К.Ш.Т. кармалды.

Кармалган жарандар Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы сепаратисттик топтордун лидерлери болуп, массалык баш аламандыкка чакырып, жол тосууларды уюштуруп, сепаратисттер көзөмөлдөгөн аймактардан чыгып кетүүгө аракет кылган карапайым элге кол салышканы аныкталган. Ошондой эле, кармалгандардын бири Жалал-Абад шаарынын 1962-жылы туулган тургуну Т.З.К. аттуу жаранды өзгөчө мыкаачылык менен, аталган посттордун биринде өлтүрүүгө катышканы аныкталды.

Кайрадан козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалгандар КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан 2010-жылдагы июнь окуясынын уюштуруучуларын жана активдүү катышуучуларын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.

УКМК: Сүлүктүдөн коңшу өлкөлөргө миңдеген тонна көмүр экспорттоодо миллиондорду жеп алышкан экс-мэр, депутат, бажычы жана "спорттук общактын" мүчөлөрү кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрында КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында сапаты жана баасы арзандатылган көмүрдү коңшу өлкөлөргө экспорттоого тиешеси бар адамдарды тинтүү жана кармоо иштери жүргүзүлдү.

Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында мамлекеттик жана жеке түзүмдөрдүн кызмат адамдарынын аракеттеринде ишкердиктин субъекттерине жүк ташуу документтеринде базар баасынан 3-5 эсе төмөн бааны көрсөтүү менен түрдүү сорттогу (БК, БР, БСШ и БШ) көмүрдү сатууда жана экспорттоодо көмөк көрсөтүү боюнча коррупциялык схемалар аныкталды, анын натыйжасында өзгөчө ири өлчөмдөгү салык жана бажы төлөмдөрү өлкө бюджетинин киреше бөлүгүнө системалуу түрдө түшпөй турган. 

Ыкчам-издөө иш-чаралар төмөнкү активдүү ишкердиктин субъекттеринде жүргүзүлдү:

– “Ак-Булак Көмүр” ЖЧКсы – Сүлүктү шаарынын экс-мэри, жергиликтүү кеңештин депутаты 1963-жылы туулган “Х.А.Д.”;

– “Кен-Ордо” ЖЧКсы – 1974-жылы туулган “Н.А.Б.”;

– “Нур” ЖЧКсы – Сүлүктү шаарынын экс-мэри, жергиликтүү кеңештин депутаты 1960-ж.т. “А.Р.Э.”;

– “Рио Групп” ЖЧКсы – 1964-жылы туулган “А.И.Р.”;

– “Нуркен” ЖЧКсы – 1979-жылы туулган “Ш.З.А.”;

– “Ахмад-Кен” ЖЧКсы – Сүлүктү шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаты, 1971-жылы туулган “А.Б.А.”;

– “Ормон” ЖЧКсы – 1982-жылы туулган “К.А.Т.”;

– “Кен-Сити” ЖЧКсы – 1989-жылы туулган “А.А.Х.”;

– “Сары Челек Сүлүктү” ЖЧКсы – 1975-жылы туулган “К.М.”;

– Мамлекеттик салык кызматынын Сүлүктү шаары боюнча башкармалыгы, ишкердиктин субъекттеринин чарбалык ишмердигин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык органынын чечимдери жана башка тиешелүү документтер алынган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында журналдар, келишимдер, квитанциялар, видеокөзөмөл камераларынын дисктери алынынып, алар учурда кошумча изилденип, талдоо иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле, ошол эле учурда “Кызыл-Кыя – автожол”, “Кызыл-Кыя – темир жол” көзөмөл-өткөрүү постторунда, бажы терминалында, Соода-өнөр жай палатасынын Баткен жана Ош филиалдарында, 3 алмашуу бюросунда, “Спорттук общак” деп аталгандын мүчөлөрүнүн жашаган жеринде жана 6 коммерциялык уюмда кармоо жана тинтүү иштери жүргүзүлдү. 

Белгилей кетчү нерсе, жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында экспорттук декларацияны даярдоо үчүн ишкердиктин субъекттери “МБанк” мобилдик тиркемеси аркылуу ортомчуларга 300 АКШ долларын төлөп, андан кийин “Спорттук общактын” мүчөлөрүнө 1 миңден 2 миң сомго чейин берип Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары тоскоолдуксуз чыгып жүрүшкөнү аныкталды.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын расмий маалыматы боюнча, 2023-жылдын 1-январынан 27-июлуна чейинки аралыкта Баткен облусундагы көмүр шахталарынан коңшу мамлекеттерге 318 миң тоннадан ашык ар кандай сорттогу көмүр экспорттолгон, ага байланыштуу, активдүү экспорттонун негизинде  Кыргыз Республикасында көмүрдүн баасы жогорулаган.

Жыйынтыгында, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында төмөндөгүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди:

– Баткен бажысынын “Кызыл-Кыя-Авто жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунун текшерүү тобунун инспектору, 1977-жылы туулган К.И.К.;

– “Баткен” бажысынын “Кызыл-Кыя” темир жолунун материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн инспектору, 1990-жылы туулган С.у.К.;

– КР Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн  башчысы, 1981-жылы туулган Б.Э.Ю.;

– “Имамидинов Экспорт” ЖЧКсынын жетекчиси, 1975-жылы туулган Т.К.И.;

– “А.Б.Б.” жеке ишкердин негиздөөчүсү, 1986- жылы туулган А.Б.Б.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

УКМК: Суусамыр-Талас-Тараз жолун курууда 2 миллион сом уурдап алышкан “Кыргызавтожол” ишканасынын Таластагы кызматкерлери кармалды

КР УКМК тарабынан Талас облусунун аймагында инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик каражаттарды уурдоо менен байланышкан коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Талас облусундагы филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери аныкталды.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Таластагы филиалынын кызмат адамдары тарабынан Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун курулушуна каралган акча каражаты ыйгарылып алынганы тастыкталды.

Көрүлгөн тергөө жана ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында мамлекеттин бюджетине 1 млн 900 миң сом кайтарылды.

Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо, ошондой эле аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Өлкөдө белгисиз кишилер педофилияга шектелгендерди сотсуз жазалоону уюштурушууда

Телеграмда “педофилдерди жазалайбыз” деген топ түзүлүп, бирөөлөрдү ур-токмокко алып, опузалаган видеолору тарады. Интернеттеги кооптуу топтун мыйзамсыз жоругу кыргыз коомунда кызуу талкууланып жатат. Өзүнө жазалоочунун ролун ыйгарып алгандар боюнча милиция териштирүү баштаганын билдирди.

Быйыл 20-майда Телеграмда пайда болгон каналдын негиздөөчүлөрү жашы жете элек кыздардын сүрөттөрүн колдонуп, социалдык тармактарда фейк-аккаунттар аркылуу эркектер менен кат алышат. Эгер кимдик бирөө кайырмакка илинсе, аны жолугууга чакырып, өз алдынча жазалоого өтөт.

Телеграмдагы маалыматка караганда, “жазалоо-тарбиялоо” иштерине 16дан 19 жашка чейинки жигиттер тартылып, спорттун кайсы бир түрү менен машыккандарга артыкчылык берилет.

19-июнда жарыяланган видеодо өздөрүн “педофилдерди жазалоо” тобу деп атагандар жолугууга келгендерди сабап, опузалап жатканы көрүнөт. Алар мындай мыйзамсыз жоругун “кыздардын укугун коргоп жатканы” менен түшүндүрөт. Видеодо белгисиз бирөө эмне болуп жатканын айтып жатат:
“Биздин максатыбыз – педофилияны жок кылуу. Биз бардык жерде адилеттикти жана коопсуздукту жактайбыз. Педофилия менен күрөшүүдө улут роль ойнобойт. Биздин максат – тек-жайына карабастан бардык жарандар үчүн коопсуз коом түзүү. Биз милиция кызматкерлеринин педофилия менен кандай күрөшкөнүн көрүп атабыз. Алар канчалаган шектүүлөрдү кармаганы менен, коё берип ийип жатышат, биз өзүбүз да кармап бергенбиз. Бирок педофилдерди тийиштүү деңгээлде жазага тартпайт. Себеби милиция акчасын алып, ишти жаап коюуга ашыгат”.
Телеграм каналдын башкы бетинде “Таза мен! Таза Кыргызстан! Педофилдерге жол жок!” деп жазылган.

20-майдан бери каналга үч миңден ашуун киши катталып, бул кыймылдын демилгесин колдогондор бир кыйла көбөйгөн. “Педофилдерди жазалоо” каналынын негиздөөчүлөрү күн алыс видеолорду жарыялап турат.

12-июлда жарыяланган видеодо “топтун мүчөлөрүбүз” дегендер буттары тушалып, жылаңаяк жерде отурган эркектин башына “зелёнка” чачканы көрүнөт.

Дагы бир видеодо таяк жегендер фамилиясын, атын, туулган жылын жана кыздарга эмнеге мындай сунуш жазганын айтышат.

Алардын катарында аскерде кызмат өтөгөндөр, жашы жете элек мектеп окуучулары да бар. Алар Телеграм аркылуу “курмандыктарын” таап, суракка алган учурлардан видео тартып, таратышкан.

Телеграм канал улан-кыздарды аларга кайрылып, көйгөйү тууралуу ачык айтууга үндөйт.

Ички иштер министрлигинин басма көз кызматынын башчысы Тилек Оторов журналисттерге мындай жоболоңдуу жоруктан кабардар экенин, азыр териштирүү башталганын билдирди:

“Социалдык тармактарда чыгып жаткан маалыматты ИИМ өз көзөмөлүнө алып, тиешелүү кызматтарга өткөрүп берген. Азыр текшерүү иштери жүрүүдө. Аталган Телеграм каналдын аракеттерине байланыштуу жабыркаганын билдирип, милиция органдарына кайрылгандар катталган жок. Бирок эгер кайрылуулар болсо, мыйзам чегинде каралат”.

Журналист Бакай Алмаз бул топтун аракеттерине соңку эки айдан бери көз салып келатканын айтат. Ал мамлекетте сот гана кимдир бирөөнү күнөөлүү же күнөөсүз деп таап, жаза чегерерин белгилейт. Мындан улам милиция тез арада Телеграмдагы кооптуу топтун ишин бөгөттөп, маселени мыйзамга ылайык чечиши керек дейт:
“Жарандардын тиешелүү органдарга ишенбестиги, милициянын чабалдыгы, паракордугу, соттордун адилетсиздиги, кайсы бир учурларда саткындыгы тууралуу сөз кылбайм. Анткени бул тууралуу көпчүлүгүбүз кабардарбыз. Бирок тиешелүү кызматтардын компетентсиздигинин айынан өлкөдө хаос жаралышына жол бербейли. Күч органдары бейбаш, өз билемдик менен жарандарга зыян келтирип, адамдык беделин басмырлаган топторду, уюмдарды жана кыймылдарды тез арада чектөөгө алышы керек. Ошондой эле жаштар арасында көзөмөлдү күчөтүп, алдын алууга милдеттүү”.

Кыргызстанда буга чейин дагы жарандарды өз алдынча жазалаган учурлар болгон. Май айында Таласта уурулук кылды деп шектелген адамды кармап, мамыга таңып, өз алдынча жазалоо аракетин көргөндөр болгон.

Балдардын укугун коргогон Назгүл Турдубекованын айтымында, 2022-жылы 600гө жакын кыз сексуалдык ыдык көрсө, 2023-жылы бул статистика эки эсеге көбөйгөн. Турдубекова сексуалдык зомбулукка кабылган, ыдык көргөндөрдүн укугун коргоодо милиция чабалдык кыларын бир нече жолу айткан. Ал ошондой эле бир канча кесиптештери, жарандык активисттер менен Бишкек милициясынын алдында акция өткөргөн. Анда ал шаардык милициянын башчысы Азамат Ногойбаевдин кызматтан кетишин талап кылган. Укук коргоочу Ногойбаев март айынын этегинде берген маегинде өспүрүм кыздарды зордуктагандарды соттор актаган деп күнөөлөгөн.

"Клооп" сайтын бир нече провайдер бөгөттөгөнү кабарланды

“Клооп” басылмасы 13-сентябрда бир катар интернет провайдерлер “фейктер жөнүндөгү” мыйзамга ылайык Маданият министрлигинин талабын аткарып, колдонуучулары үчүн kloop.kg жана ky.kloop.asia сайттарын бөгөттөгөнүн жазды.

Маалыматка караганда, алардын арасында “О!” уюлдук оператору менен Homeline провайдери да бар.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин эркин басылманын сайтын бөгөттөө чечимине сайтка оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганын айтып даттанганы жөнүндөгү жаңылык жарыяланганы себеп болгон. Министрлик атайын кызмат “бул макала фейктер жөнүндөгү мыйзамга каршы келет жана УКМКнын аброюна шек келтирет” деп кайрылганын билдирип, аны өчүрүүнү талап кылган.

12-сентябрда “Клооп” сайтындагы макала өчүрүлбөй турганын жарыялады. “Албетте, биз эч нерсени өчүрбөйбүз. Аталган жаңылыкта кандайдыр бир такталбаган маалымат бар деп эсептебейбиз. Ал эми бийликтин өжөрлөнүп, кандай ыкма менен болсо да оозубузду жабууга аракет кылганы ансайын күмөн ойлорго түртөт”, – деп жазылган билдирүүдө.

Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” басылмасын жабуу боюнча сотко кайрылып, отурум 26-сентябрга белгиленген. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда “Клооп” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялап жатканы” жазылган.

Медиа коомчулук прокурордун кайрылуусун басма сөз эркиндигине басым катары сыпаттаган. Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин эркин басылманын ишмердигин чектөбөөгө үндөдү.

Өзбекстандын муфтийи паранжа кийгендерди сындады

Өзбекстан мусулмандар дин башкармалыгынын төрагасы, муфтий  Нуриддин Халикназаров аялдардын паранжа кийиши боюнча пикирин билдирди.

Ал ислам аялдардан жүзүн толук жабууну жана кара кийим кийүүнү талап кылбай турганын айтты. Видео насыятты диний башкармалыктын басма сөз кызматы жарыялады.

“Биз диний кийимдерди кийүүдө аша чаап кеттик. Биздин мазхаб аялдарга чүмбөттөнүп жүрүүгө буйрук бербейт. Динибизде сулуу көрүнүп, ашыкча нерселерден алыс болуу сунушталат”, – деди муфтий.

Нуриддин Халикназаров кийим кийүү нормаларына токтолуп, ар бир элдин өзүнүн каада-салты, кийимдери бар экенин айтты.

“Мусулмандар белгилүү бир формада кийим кийүүсү керек деген талап жок. Ислам бүткүл адамзатка жөнөтүлгөн – арабдардын өз кийими бар, түрктөрдүн өз кийими бар, Индонезия менен Малайзиядагы мусулмандардын өз кийими, өзбектердин өз кийими бар. Чекти билиш керек: бүткүл дүйнөгө шерменде кылган уятсыз кийимдерди кийүүнүн да, араб тибиндеги өтө кара кийимдерди кийүүнүн да кереги жок. Дененин айрым жерлерин жабуу зарыл эмес”, – деп белгиледи ал.

Муфтий сакал коюу маселесине да токтолду. Ал жаш жигиттерге сакалды тегиздөө керектигин эскертип, динаятчыларды исламдагы маселелерди акыл-эс менен туура чечмелөөгө чакырды.

Мечиттердеги рейддер: Орусияда мигранттарды кармоо уланууда

Орусиянын бир катар шаарларында полиция кызматкерлери жума намаздан кийин эшиктерди жаап, мечитке келгендердин документтерин текшерди.

Мындай рейддердин жүрүшүндө жакында эле Орусиянын жарандыгын алып, аскердик каттоого тура элек эркектер аныкталган.

Полициячылар аларга жеринде армияга чакыруу кагазын тапшырып же дароо аскер комиссариатына алып кетишти.

“Намазга келгендердин баарын текшеришти. Орус паспортунун ээлерин өзүнчө тизмеге алып, эки күндөн кийин аларды аскер комиссариатына келүүгө милдеттендиришти. ОМОНчулар Орусияда убактылуу жашоого уруксаты бар адамдардын документтерин сүрөткө тартып алышты. Ал эми документтеринде маселе бар мигранттарды полиция бөлүмүнө алып кетишти”, – деди тажик мигранты.

Жыл сайын ондогон тажик жараны Орусиянын жарандыгын алат. Алардын көбү эмгек патентине акча төлөбөө, полициянын зомбулугунан сактануу үчүн орус паспорту керек экенин жашырышпайт. Орусиянын Ички иштер министрлигинин статистикасына ылайык, быйыл январь айынан июнь айына чейин 87 миңге жакын тажикстандык орус жарандыгын алган. Бул бир жыл мурунку көрсөткүчкө караганда 13 миңге көп. Күн сайын 500гө жакын тажик жараны орус жарандыгын алат.

Укук коргоочулар жана эксперттер Орусиядагы кырдаал туруксуз экенин жана Орусиянын көптөгөн “жаңы жарандары” жакын арада Украинадагы фронтко аттанышы мүмкүндүгүн эскертишүүдө. Укук коргоочулар кош жарандыгы бар мигранттарга бул өлкөдөн тез арада чыгып кетүүгө кеңеш беришет. Бирок мигранттардын көбү ишсиз калуудан коркуп, Орусияда калууну эп көрүшөт.

"Бүтүн Кыргызстандын" мүчөсү Мирлан Ураимов сот залынан камакка алынды

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү, активист Мирлан Ураимов 11-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен бир жылга эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынды.

Мекеменин басма сөз кызматы ал Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин (“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо”) негизинде күнөөлүү деп табылганын, жаза мөөнөтүн жалпы тартиптеги түзөтүү колониясында өтөшү керек болорун, өлкөдөн чыкпоо тууралуу бөгөт чарасы өзгөртүлүп, камакка алынганын кабарлады.

Адвокат Юлия Богданова судья жарыш сөзгө эки адвокат жүйөлүү себеп менен катышпаган жагдайды эске албай койгонун жана Ураимовдун акыркы сөзүнө даярдануу үчүн бир күн убакыт сураган өтүнүчүн четке кагып койгонун билдирди.

“Судья анын аракеттерин кайра квалификациялап, 278-беренеден (“Жапырт башаламандык”) 327-беренеге (“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоо”) өзгөрткөн. Мындай өкүм мыйзамсыз жана негизсиз деп эсептейм. Себеби “Фейсбуктагы” маалыматты Ураимов жарыялабаганы боюнча жетиштүү далилдер бар”, – дейт жактоочу.

Активист быйыл 8-февралда кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына эки айга камалган. Кийин 9-мартта бөгөт чарасы өзгөртүлүп, абактан бошотулган.

Партиялаштары ал оппозициялык саясий көз карашы үчүн кармалганын айтышкан жана аны бошотууну талап кылган акцияларды өткөрүшкөн.

2021-жылы Ураимов Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кемпир-Абад” суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берүү тууралуу макулдашууга каршы нааразылык акцияларын уюштургандардын бири болгон.

Бийлик Кыргызстанда саясий куугунтук жок экенин, сөз эркиндиги камсыздалганын айтып келет.

“Бүтүн Кыргызстандын” лидери, оппозиционер саясатчы Адахан Мадумаров 2-сентябрдан бери УКМКда камакта отурат. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганын маалымдаган. Саясатчынын бөгөт чарасын сот 24-октябрга чейин деп аныктаган.

УКМК: Зарина Төрөкулова "массалык башаламандыкка" шек саналып жатат

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) активист Зарина Төрөкулова “массалык башаламандыкка” шек саналып камалганын ырастады. Ага социалдык тармактардагы “чагымчыл” билдирүүлөрүнө байланыштуу айып коюлганын маалымдады.

“Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 2-бөлүгүнүн диспозициясына (“массалык башаламандыктар”) туура келген чагымчыл маанайдагы материалдарды такай Фейсбукка жарыялаган “Зарина Төрөкулова” деген аккаунттун ээси – Т.З. аныкталды. Ал УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бишкектин Биринчи Май райондук соту 9-сентябрда анын бөгөт чарасын карап, 30-октябрга чейин камакта калтырды. Тергөө иштери жүрүп жатат”,- деп жазылган маалыматта.

Төрөкулованын жакындары жана жактоочусу буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек. Ал социалдык тармактарда бийликтин айрым иштерин сындаган билдирүүлөрдү жазып келген.

Кыргызстанда соңку кездери “массалык башаламандыкка” айыпталып бир катар активисттер, социалдык тармактын колдонуучулары кармалды. Укук коргоочулар жарандар пикирин эркин билдирүүгө укугу бар экенин айтып, бийликти куугунтукка байланыштуу айыптап келет.

Өзбекстандыктардын көбү кыргыз-өзбек чек арасынан ID-карта менен өтүүгө болорун билишпейт

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” бекетинен өтүп жаткан өзбекстандыктардын көбүндө 1-сентябрдан тарта Кыргызстанга ID паспорт менен кирсе болору жөнүндө маалыматтары жок. Бул тууралуу аталган бекеттин башчысы Нурлан Аттокуров “Озодлик” радиосунун кабарчысына билдирди.

“1-сентябрдан бери чек арадан ID паспорт менен өткөндөрдүн көбү Кыргызстандын жарандары болууда. Бул мүмкүнчүлүк менен колдонгон өзбекстандыктар аз. Мунун себеби эмнеде экенин билбейбиз, балким маалыматтары жок. ID-карта менен өтүү өтө ыңгайлуу жана 2-3 эсе тез болот. Жыйынтыгында кезек күткөндөр да көп болбойт”, – деди Аттокуров.

Чек арада “Озодлик” радиосунун кабарчысы менен сүйлөшкөн өзбекстандыктардын көбү 1-сентябрдан тарта кыргыз-өзбек чек арасынан ID паспорт менен өтүүгө болорун билбегенин айтышкан.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек арадан жеңилдетилген тартипте өтүү тууралуу чечим эки өлкө президенттеринин быйыл январда өткөн Бишкектеги жолугушуусунда кабыл алынган.

Эки өлкөнүн чек арасында 15 өткөрмө бекет бар. Алардын көбү 2005-жылы Кыргызстандагы саясий окуялардан улам жабылган. Расмий Бишкек менен Ташкенттин мамилеси 2016-жылдан тартып жакшыра баштаганда бекеттер кайра ачыла баштаган.

Ош облусундагы “Достук” чек ара бекети 2017-жылы ачылган. Андан көп өтпөй Жалал-Абад облусундагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү “Маданият” жана “Баймак” өткөрмө бекеттери ишин жанданткан.

2021-жылы 1-апрелде Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул өлкө менен байланыштырган Сох – Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” бекеттери да ачылган.

Быйыл 1-сентябрда Ош облусуна караштуу Араван районундагы “Кара-Багыш” жана Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районундагы “Бек-Абад” көзөмөл өткөрмө бекеттери ачылган.

Меню