Menu

Быйыл кайсы үйдө электр жарыгы бир саатта 5 кВт/сааттан ашып кетсе, жарыгы өчүрүлөт

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 11-сентябрда электр энергиясын пайдаланууга киргизилген 5 кВт/саат чектөөгө түшүндүрмө берип, мындай норма мурдатан эле бар экенин билдирди.

Министр бул чек электр көп колдонулган кечки сааттарда гана маанилүү экенин, андан башка маалда катардагы керектөөчү мынчалык ток колдонбой турганын тактады.

“5 кВт/саат деп айтса эле айрымдар муну чектөө деп ойлоп жатат. Азыр бизде эч ким 10 кВт/саатка чейин электр энергиясын колдонбойт. Биздеги бир фазалуу линиялардын баары 5 кВт/саатка гана ылайыкташкан, андан көбүрөөк ашып кетсе, ток сайган жерлердин баары өрттөнүп кетет. Союз убагында саатына 3 кВт/саат болчу, бүгүнкү күндө 5 кВт/саатка чейин берилип жатат. Ал эми үч фазалуу линиясы барлар мындан ашыкча алуу үчүн келишим түзүп, техникалык уруксат алышкан. Аларга эч ким чек коё албайт, бирок биз баары бир энергия көп колдонулган кечки сааттарда аларды да колдонууну азайтып туруусун суранабыз. Болгону керектөө жогору болгон сааттарда алар да көп колдонсо, көмөкчордондор аварияга кабылат. Бирок бул чектөө эмес, чектөө болбойт. Кайсы бир көмөкчордонго күч келип калса, аны башка фидерге которобуз. Ошол маалда 1,-1,5 саат электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурап калышы мүмкүн. Бул жөн гана жөнгө салуучу гана чара. Былтыр да колдонгонбуз, аны жашырбайбыз. Мындай кылбасак, ошол көчөдөгү трансформаторлор бүт өчөт. Аны кайра кошууга үч-төрт күн керек болуп калат”, – деди Таалайбек Ибраев.

4-сентябрда “Биринчи радиого” берген маегинде энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев быйыл кышында үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга тыюу салынарын эскерткен. Ал ар бир кардар белгиленген чекте электр жарыгын ала турганын, алдын ала эсеп менен ар бир үйгө 5 кВт/саат чектөө болорун билдирген.

Байгазиев кийин үйлөрдү электр энергиясы менен жылытууга салына турган тыюу боюнча тактоо берип, ал акылдуу эсептегичтер коюлган үйлөрдө электр жарыгы бир саатта 5 кВт/сааттан ашып кетсе, жарык өчүрүлөрүн айткан. Министрдин орун басары акылдуу эсептегичи жок үйлөрдө рейддер өткөрүлөрүн кошумчалаган.

Быйыл Токтогул ГЭСине чогулган суунун көлөмү 11 млрд 400 млн кубдан бир аз ашат. 2022-жылдын ушул күнү бул көрсөткүч туура 2 млрд кубга көп болчу.

Суунун аздыгынан улам президент Садыр Жапаров 1-августтан тарта энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режимин киргизген. Министрлер кабинети быйыл күз-кыш мезгилине карата Түркмөнстан менен Орусиядан 3 млрд кВттан ашуун электр энергиясын импорттогону турат.

УКМК: Бишкектеги “Россия” бизнес борборунда жашыруун алмаштыруу бюросун иштетип, арам акчаларды криптовалюта аркылуу адалдап жүргөндөр кармалды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан каржылык уюмдардын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык схемаларды жоюу жана көмүскө кирешелерди адалдоого басым жасаган трансулуттук кылмыштуу топторду аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө акча каражаттарын системалуу түрдө криптовалюталар аркылуу адалдоо боюнча маалыматтар келип түшкөн. 

Тактап айтканда, “Россия” бизнес борборунда жашыруун алмашуу бюросун, акча алмаштырууну/жөнөтүүнү (криптовалюта сатып алуу) уюштуруп жүргөн Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын айрым жарандары аныкталды.

Жогорудагы фактылар боюнча КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)) негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин материалдарынын алкагында айрым жарандар КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тиешелүү кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Ала-Бука райондук “Жайыт комитетинин” төрагасы $1000 пара алып жаткан учурунда кармалды

УКМК тарабынан Ала-Бука районунун Көк-Таш а/а “Жайыт комитетинин” төрагасы К.у.К. акча талап кылуу фактысы боюнча кармалды.

КР УКМКга Өзбекстан Республикасынын жараны, Өзбекстан Республикасынын жарандарына таандык 9 баш бодо малды мыйзамсыз кармап, ээлерине кайтарып берүү үчүн 2000 (эки миң) АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылып жаткан Ала-Бука районунун Көк-Таш а/а “Жайыт комитетинин” төрагасы К.у.К. карата чара көрүү боюнча кайрылган. 

Бул фактынын негизинде УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пункттунда (Опузалап талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жаран К.у.К. талап кылынган акча каражатынын бир бөлүгү 1000 АКШ доллары өлчөмүндөгү сумманы алып жаткан жеринен кармалып, КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө-абагынын убактылуу кармоочу жайына 2 айлык мөөнөткө киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда

Кайра шайлоо: баштапкы жыйынтыкта Кубанычбек Самаков алдыда

Бишкектеги Ленин шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Кубанычбек Самаков алдыда келе жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, шайлоо округундагы 51 автоматтык эсептөөчү үкөктүн жыйынтыктары келип түштү.

Ага ылайык, Самаков жалпы добуштардын 26,14% алган. Экинчи орунда Русланбек Тагаев 18,99%, үчүнчүдө 13,04 % добуш менен Аскар Алмаз уулу келатат.

БШКнын маалыматына ылайык, бул шайлоодо 20 миң 169 адам добуш берди. Бул жалпы 127 миң 239 шайлоочунун 15,85% түзөт.

10-сентябрда Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо өттү.

Аталган округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 24 талапкер ат салышууда. Алардын 19у – эркек, бешөө -аялдар.

Бул аталган шайлоо аймагындагы экинчи жолку кайра шайлоо.

Биринчи жолу кайра шайлоо өткөрүү бул аймактан 2021-жылы шайланып келген Жаныбек Абиров депутаттык мандатын өз ыктыяры менен тапшыргандан кийин жарыяланган. Ал мандатын Бишкек шаарындагы кафелердин биринде мушташка катышып, күзөтчүлөрдүн бирин сабап салгандан кийин тапшырган.

28-майда кайра шайлоо өтүп, анын жыйынтыгында талапкер Дамира Ниязалиева биринчи орунду ээлеген. Добуш сатып алуу боюнча кылмыш иши ачылып, талапкерлер Дамира Ниязалиева менен Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылган. Анын негизинде шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган.

Кумтөр алтын казуучулары эми Тоголок алтын кенин өздөштүрүүнү башташты

Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында тоо-кен геологдору, инженерлер, жол куруучулар жана экологдордон турган «Кумтөрдүн» адистери Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда жайгашкан Тоголок кенине барып келишти. 

Компаниянын вице-президенти Кубанычбек Турудукожоев, Кумтөр кен жайынын директору Кубанычбек Молдобеков башында турган адистер Тоголок алтын кенине жана Жангарт аянтына барып, 1982-жылы жабылган жантайма кен жолунун (штольня) жана Тоголокко барчу жол инфраструктурасынын абалын иликтеп, аймакка топографиялык изилдөө жүргүзүштү.  

 Бул маалыматтардын баары жакынкы келечекте – жол салууда жана кеңейтүүдө, жаңы көпүрөлөрдү курууда керектелет. Жол инфраструктурасы даяр болгон соң, кийинки жылдан баштап Тоголок кенин өздөштүрүү, Жангарт аянтына геологиялык чалгындоо жүргүзүү сыяктуу негизги иштер башталмакчы. 

Тоголок кенине жетүү абдан татаал. Кенге сапар алган Кумтөрдүн адистери көздөгөн жерге 37 чакырым жетпей, Үч-Кошкон кыштагына түнөп алып, жолун улашкан. Себеби, андан ары жолдун эң таатал бөлүгү башталат. Бир канча ашууларды ашып, ак кар, көк муздуу кырлардан, кооптуу жарлардан, эңкейиштерден, шар аккан суулар менен жайык кечүүлөрдөн өтүп, анан Тоголок кенине жетүүгө болот. Баарынан да, аба-ырайы саат сайын өзгөрүп турган, деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийиктикте бир канча саат жөө басуу оңойго турган жок. 

Бирок бул тоскоолдуктардан өткөн экспедиция өз максатына жетти. Пландалган баардык жумуштар жасалган соң, адистер эки күндүк, 400 чакырымдык катаал жолду басып өтүү менен Кумтөр кен жайына кайтып келишти.

Президент Садыр Жапаровдун жардамчысын коркутуп, $300.000 пара алып жаткан экс-чиновник кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигинин мурдагы жетекчиси Данияр Акматов кармалганын билдирди. Ал президенттин жардамчысынан 300 миң доллар талап кылууга шек саналууда.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, “ал колундагы чагымчыл материалдарды маалымат каражаттарына берүү менен коркутуп, акча талап кылган”.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, 6-сентбярда сураган акчасынын бир бөлүгүн алып жаткан учурда колго түшкөн. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Атайын кызмат шектүүнүн акча которууга байланыштуу телефондон сүйлөшкөн аудиосун таратты. Анда ал акча биткоин түрүндө жөнөтүлүшү керектигин айткан.

Данияр Акматов социалдык тармактын активдүү колдонуучуларынын бири. Соңку учурда өкмөттүн ККМге байланыштуу чечимин сындап, электр энергиясын үнөмдөөдөн мурда майнинг компанияларды тыюу керек экенин жазган.

Акматов Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору болуп 2020-жылы октябрда дайындалган. 2021-жылдын башында кызматтан кеткен.

Аксынын Кош-Дөбө орто мектебине Америкада таксист болуп иштеген мурдагы окуучусу 100 ноутбук сатып берди

Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына карата Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Темиркул Мавлянов атындагы Кош-Дөбө орто мектебине анын бир кездеги бүтүрүүчүсү, азыр АКШда таксист болуп иштеп жүргөн Базарбаев Абдыманап 100 ноутбук сатып берди. Бул тууралу мектептин кызматкери Сабыр Хайдаров билдирди.

Мектепке ноутбуктарды Базарбаев Абдыманаптын атасы  Сүйөров Бакир тапшырды.

Базарбаев Абдыманап Кош-Дөбө орто мектебинде 2003-2014-жылдары окуган, 2014-2018-жылдары тиш дарыгерликке окуп кесип алган, 2018-2021-жылдары Россияда эмгек миграциясында жүрүп, 2021-жылы жайында АКШга эмгек миграциясына кеткен.

 

УКМК: Индияга сатуу үчүн 4 кг алтынды мыйзамсыз алып чыгып бараткан кыргыз жараны аэропорттон кармалды

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында, өлкөнүн чегинен чыгуучу кылмыштуу топторду аныктоо боюнча коррупциялык схемаларды жоюу туралуу иш-чаралар жүргүзүлүп, көмүскө каржы ресурстарын мыйзамсыз жүгүртүүгө жана адалдоого багытталган, алтын буюмдарын Индияга системалуу түрдө контрабандалык жол менен ташуу боюнча маалыматтар алынган.

2023-жылдын 3-сентябрында саат 08:40 чамасында  “Манас” эл аралык аэропортунан, Кыргыз Республикасынын жараны К.Н. менен Кыргыз Республикасынан Индияга стерилдүү зонада учууга аракет кылган учурунда, жалпы салмагы 3 килограмм 985 граммды түзгөн 6 даана сары түстөгү катуу материал буюмдары табылган. Белгилей кетсек, аталан алтын буюмдар боюнча расмий документтер болгон эмес.

Жогорудагы фактылар боюнча КР УКМК тарабынан кылмыш иш козголуп, анын алкагында айрым жарандар КР УКМКнын тергөө камак жайын киргизилди.

Тактап айтканда, “Манас” эл аралык аэропортунун авиациялык коопсуздук кызматынын 2 кызматкери, ошондой эле жогорудагы коррупциялык схемага тиешеси бар 2 жаран кармалган.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

ИИМ: Бирөөнүн 600.000 сомдук “Мерседес-Бенц W211” автоунаасын тартып алган кримтөбөлдөрдүн бири кармалды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери, Свердлов РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте Бишкекте ири алдамчылыкка шектелген жаран кармалды.
Үстүбүздөгү жылдын август айында ички иштер органдарына, борбор калаанын тургунунан алдамчылыкка байланышкан мыйзамсыз аракеттер тууралуу арыз келип түшкөн, анын натыйжасында ага ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.
 Маалым болгондой, 2021-жылдын жай айларында чала тааныш адам, арыздануучунун ишеничине кирип, алдоо жолу менен анын унаасын сатып кайра акчасын кайтарып берем деген шылтоо менен, транзиттик номуру бар (жаңы ташылып келинген) “Мерседес-Бенц W211” үлгүсүндөгү унааны ээлеп алган. Ал кезде чет элдик машинанын баасы 600 миң сом акча каражатын түзгөн. Бирок, кылмышка шектүү андан кийин дайынсыз болуп, акчасын ушул күнгө чейин кайтарып берген эмес. Алдын ала маалыматтар боюнча, “Мерседес-Бенц W211” үлгүсүндөгү автоунаа башка адамдарга жасалма документтери менен сатылып кеткен.
 Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси 2-б. 1-п. «алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголгон.
 Ыкчам-иликтөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана Свердлов РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн.
 Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө Ош облусунда туулган, мурда бир нече жолу соттолгон, алдамчылык менен алектенген 1985-жылы туулган Э.М. аттуу жаран Бишкек шаарынан кармалган.
 Жогорудагы Э.М. аттуу жаран кылмыштуу идеологияны карманган, мурда криминалдык чөйрөдө “положенец” макамына ээ болгон.
 Кармалган адам камакка алынды. Учурда иликтөө иштери жүрүп, аталган жарандын мурда жасалган башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.

УКМК: Бишкектин Октябрь райондук милициясынын тергөөчүсү кылмыштардын далилдерин бурмалагандыгы үчүн камакка алынды

КР УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөштүн алкагында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 361-беренесинин 2-бөлүгү жана 337-беренеси (далилдерди бурмалоо жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш ишинин материалдарынын негизинде, 2023-жылдын 4-сентябрында Токмок шаарынын ИИБнын тергөө кызматынын мурдагы улук тергөөчүсү (азыр Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын  тергөөчүсү) С.Ж.А. кармалды.

Токмок шаарынын ИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүсү С.Ж.А. анын өндүрүшүндө кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин талаптарын одоно бузуп, эки жүргүнчүнүн өлүмүнө алып келген, жол-транспорт кырсыгын тергөөгө, ошондой эле далилдерди чогултууда шалаакылык менен мамиле кылган. Ошондой эле, жабырлануучу тарабынан келтирилген материалдык далилдер эске алынбай, процессуалдык нормалар бузулуп, кылмыш иши бир жактуу тергелүүгө алып келген.

Мындан тышкары, эксперт А.Ө. менен алдын ала сүйлөшүп алып, тергөө амалдарын бурмалоо менен, алар каза болгон адамга мүнөздүү болбогон кырсык учурундагы дене жаракаттарын көрсөтүшкөн.

2023-жылдын 4-сентябрында Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Токмок шаарынын ИИБнын тергөө кызматынын мурдагы улук тергөөчүсү (азыр Бишкек шаарынын Октябрь РИИБнын  тергөөчүсү) С.Ж.А. кырсыктын күнөөкөрүнүн кызыкчылыгы үчүн далилдерди бурмалоо жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жолу боюнча мыйзамсыз аракеттер аныкталган.

Кармалган С.Ж.А. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Бишкектин Биринчи май райондук милициясынын тергөөчүсү мурда кылмыштуу топтун мүчөсү болгондугу аныкталып, камакка алынды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан пара талап кылуу жана кылмыштуу чөйрөнү түзүү же ага катышуу фактылары боюнча көрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында опер кызматкери А. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын 5-шаардык бөлүмүнүн кызматкери М.А.М. кармалды.

        Такталгандай, КР ИИМдин аталган кызматкери, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте, «Телеграм» жана «Вотсап» социалдык мессенжерлеринде белгилүү чаттарды түзүү жолу аркылуу жарандардан мыйзамсыз түрдө баңги затын алуу боюнча мурда кылмыштуу топтун мүчөсү болгондугу аныкталган. 

        Мурда белгиленгендей, жогорудагы кызматкерлер, бул мессенджерлерди колдонуу максатында баңги затын сатып алууну көздөгөн адамдарды атайылап кармашкан. Андан соң кылмыш жоопкерчилигине тартуу шылтоосу менен шантаж кылышып, кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуу жолу менен 500дөн 5 миң АКШ долларына чейин акча каражатын талап кылышкан.

       Кармалган М.А.М. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.

        Учурда жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бар делинген КР ИИМдин башка кызматкерлерине карата, кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

        Ушул сыяктуу кылмыштарга кабылган жарандар КР УКМКнын (0312) 66-04-75 жана 0708 72 28 01 телефон номерлерине кабарлап коюуңуздарды суранат.

 Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Спикер Нурлан Шакиев Конституциялык соттун судьяларынын кызматтан кетишин талап кылды

Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев “матроним” маселеси боюнча түшүндүрмө берген Конституциялык соттун төрагасы жана анын бардык мүчөлөрүн өз арызы менен кызматтан кетишин талап кылды.

Бул тууралуу ал парламенттин 6-сентябрдагы жыйынында билдирип, Конституциялык соттун чечими туура эмес болгонун айтты.

“Бул кыргыз элине, улутка чоң сокку болду. Биздин өлкөдө мындай чечим болушу мүмкүн эмес болчу. Ушул чечимди кабыл алган Конституциялык соттун төрагасы, судьялары токтоосуз кызматтан кетиши керек. Келечекке балта чапкан осол иш болбошу керек эле. Бул абдан жат көрүнүш. Конституциялык соттун толук курамы кызматтан кетишин талап кылам”, деди Шакиев.

Конституциялык сот 30-июнда активист Алтын Капалованын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” мыйзамдын талапка жооп бериши текшерилсин деген арызы тууралуу чечим чыгарган. Анда Үй-бүлө кодексинин 63-беренеси жана “Жарандык абалдын актылары жөнүндөгү” мыйзамдын 30-беренеси Конституцияга каршы эмес деп табылган.

Конституциялык соттун чечмелөөсүнө ылайык, бала 18 жашка чыкканда өз каалоосу менен “атасынын аты” деген графага апасынын атын жаздырууга укугу бар. Аталган орган бул маселеде укуктук боштук бар экенин белгилеп, Министрлер кабинетине тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тапшырма берген.

Бул чечимден кийин Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Фейсбуктагы баракчасына “Эч кандай матчество болбойт, ким кабыл алса ошол кайра жокко чыгарышы керек. Бул менин жарандык позициям”, – деп билдирүү жазган.

Бул окуядан кийин президент Садыр Жапаров “Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду сунуштаган. Документте Конституциялык соттун чечими президенттин же Конституциялык соттун төрагасынын сунуштамасы менен кайра каралышы ыктымал экени көрсөтүлгөн.

Орусияда "кара тизмеге" кирген кыргыз жарандарынын саны өстү

Август айына карата Орусиянын “кара тизмесине” кирген кыргыз жарандарынын саны 47 миң 989 адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул июнь айына салыштырмалуу 4355 кишиге көп.

Мекеменин маалыматына караганда, бул убакыт аралыгында депортация болгондордун саны белгисиз.

Быйыл майда Орусиянын “кара тизмесинен” 45 миңден ашык кыргызстандык чыгарылганын, 43 миң 634 жаран тизмеде экенин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирген.
Миграция тууралуу маалыматтарды берүү үчүн “Манас” аэропортунда эки, Бишкек жана Ош шаарларында бирден түйүн ачылган.
Августта Орусиянын бир катар шаарларында мигранттарга каршы рейд өтүп, полиция аларды кармап кеткен видеолор социалдык тармактарда тарады. Орус жарандыгын алган мигранттарга аскер комиссариатына чакыруу тапшырылган, жүздөгөн киши кармалган.
Орусиянын бардык аймактарында июндун соңунда да “Нелегал-2023” рейди өткөнү маалымдалган. Интернетте Орусияда полиция кызматкерлери көчөдө чет өлкөлүктөрдү кармап, автоунаага күчтөп салып бараткан видеолор тараган. Анын алкагында миңдеген мигрант депортацияланган.
Августтун аягында Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Орусиянын адам укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова менен Москвада жолугушкан учурда мигранттар маселесин көтөргөн.
Жаманбаева Орусиядагы кыргызстандыктар жашаган жерине каттоого туруу, медициналык камсыздандыруу, “кара тизмеден” чыгуу, балдарын мектепке окутуу сыяктуу маселелерге туш болуп жатканын айткан. Айрым учурда эмгек укуктары корголбой, орой мамилеге кабылып жатканын белгилеген.
Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык эмгектенип жүрөт.

ИИМ: Бирөөнүн "Тойота Камри" машинасын $25.000 сатып качып кеткен алдамчы кармалды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери ири алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты.
Август айларында Бишкек шаарынын Ленин РИИБге, борбор калаанын тургуну алдоо жолу менен мүлкүн ээлеп алып, ири өлчөмдө материалдык зыян келтирген жаранга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Маалым болгондой, Бишкек шаарында 2023-жылдын июнь айынын биринчи күндөрүндө, белгилүү бир жаран арыздануучунун ишеничине кирип, алдоо жолу менен «Тойота Камри» үлгүсүндөгү унаасын кайра сатып берем деп, автоунаасын ээлеп алып, андан соң белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.
Келтирилген зыян 25 000 АКШ долларын түзгөн.
Бул факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 209-беренесинин 3-б. (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бул мыйзамсыз ишке тиешеси бар жаран аныкталган. Көрүлгөн чаралардын негизинде 1995-жылы туулган З.А. аттуу мурда мыйзамсыз иштери үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган жаран кармалган.
Алынган маалыматтар боюнча, жогорудагы З.А. аттуу жаран алдоо жолу менен унаа алып, эртеси аны айрым адамдарга сатып жиберген. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери эки айдын ичинде эле аталган унаанын 4 ээси алмашкандыгын аныкташкан.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө.

Британ бийлиги Назарбаевдин үй-бүлөсүнүн кыймылсыз мүлкү тууралуу маалыматтарды жарыялады - видео

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин жакындары Улуу Британияда оффшордук компанияларга катталган 40 миллион фунт стерлингден ашык мүлккө ээ. Бул тууралуу Times гезити билдирди.

Улуу Британиянын жаңы эрежелерине ылайык, кыймылсыз мүлккө ээлик кылган оффшор компаниялар түпкү бенефициарларын жарыялоого тийиш.

Британ реестериндеги маалыматка караганда, Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Лондондун түндүгүндө баасы 9,3 миллион фунт стерлинг турган сарайга жана Челсиде 31 миллион фунт стерлингге бааланган эки батирге ээ. Мүлк Панамадагы Tropicana Assets Foundation жана Villa Magna Foundation оффшордук компанияларында катталган. Бул мүлктөр буга чейин эле британ басылмаларынын көңүлүн бурган.

Назарбаевдин күйөө баласы, ортончу кызы Динаранын күйөөсү Тимур Кулибаев Беркширдеги Саннингхилл паркын 2007-жылы азыркы падышанын иниси, принц Эндрюдан оффшордук компания аркылуу сатып алган. Ал бул үчүн 15 миллион фунт стерлинг төлөгөн. Times гезити Кулибаев Виргин аралдарында катталган компания аркылуу Гайд-парктын жанындагы 1,5 миллион фунт стерлинг турган кыймылсыз мүлккө да ээ экенин жазган.

2020-жылы казак журналисттери Казакстандын мурдагы президентинин үй-бүлөсүнө Испания, Франция, Швейцария, АКШ, Чехия жана Улуу Британияда жалпы баасы 785 миллион доллардан кем эмес үйлөр жана сарайлар тиешелүү экенин жазган.

Алты эл аралык уюм "Клоопту" куугунтуктоону токтотууга чакырышты

Алты эл аралык уюм кыргыз бийлигинин “Клооп Медиа” мекемесин жабуу аракети боюнча тынчсыздануусун билдиришти.

Алар Кыргызстандын бийлигин медианы жоюу тууралуу арызын артка кайтарып, көз карандысыз репортаждары жана иликтөөлөрү үчүн куугунтуктоону токтотууга чакырышты.

4-сентябрда жарык көргөн билдирүүгө кол койгон алты уюм Евробиримдикти жана Кыргызстандын башка эл аралык өнөктөштөрүн бул кайрылууну колдоп, Кыргызстанга сөз эркиндиги жаатында алган эл аралык милдеттенмелерин сактоону эскертип коюуга чакырышкан.

Кайрылууга кол койгон Freedom Now, Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду, Адам укуктары үчүн эл аралык федерация, Норвегиядагы Хельсинки комитети, Адам укуктары үчүн эл аралык өнөктөштүк уюму, Кыйноолорго каршы дүйнөлүк уюм Кыргызстандын бийлигин жарандык коомго, журналисттерге, активисттерге жана укук коргоочуларга өз ишмердүүлүгүн коркпой-үркпөй жүргүзүүгө шарт түзүп берүүгө үндөдү.

Буга чейин эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (CPJ), “Хьюман Райт Уотч” уюму (HRW) жана Кыргызстандын медиа коомчулугу да прокуратуранын Kloop Media басылмасын жабуу тууралуу арызын айыптап, кыргыз бийлигин сөз эркиндигин коргоого чакырган.

Бишкек шаардык прокуратурасы Бишкектин Октябрь райондук сотуна “Клооп” басылмасын жабуу боюнча арыз жазганы 28-августта белгилүү болгон. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда “Клооп” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялары” жазылган.

Прокуратура басылманын мындай маалыматтары “эл арасында терс маанай жаратып, айрым аймактардан элди көчүп кетүүгө арагасыз кылып жатканын” жүйө келтирген.

Басылманын башкы редактору Анна Капушенко бийликтин мындай аракетине мурдатан даярданып келишкенин, артка чегинүү болбой турганын билдирген.

“Клооп” 2008-жылдан бери иштейт. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган.

Милиционерди коркутуп 60 миң сом пара алып жаткан блогер Алина Жумагулова кармалды - видео

КР УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чаралардын алкагында, Чүй облусунун Сокулук айылындагы мейманканалардын биринин аймагында кызматтык унаанын жүргөндүгү боюнча видеороликти таркатам деп коркутуп, Чүй облусунун ИИББ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкеринен  60 миң сом өлчөмүндө акча каражатын интернет-блогер А.Джумагулова талап кылгандыгы аныкталган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, 2023-жылдын 30-августунда ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө блогер А.Джумагулова 60000 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

 

УКМК: 8 миллион сом уурдоого катышкан Свердлов райондук билим берүү борборунун башкы бухгалтери чет өлкөгө качып бараткан жеринен кармалды

КР УКМК тарабынан Бишкек шаарынын Свердлов райондук билим берүү борборунун  кызмат адамдарына карата ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ысырап кылуу фактысы боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин негизинде жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, мамлекетке 8 миллион 637 миң сом зыян келтирилгени текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган, 2023-жылдын 2-сентябрында РББнун мурдагы башкы бухгалтери Н.М. бул ишке катыштыгы бар экенин билип калып, мамлекеттен чыгууга аракет кылып жаткан жеринен кармалды, мындан тышкары, тергөө органына биринчи чакыруу боюнча келүүдөн жана «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу республиканын аймагынан чыгып кетүүгө, башкача айтканда, тергөөдөн жашырынууга аракет кылган.

Жогоруда аталлган Н.М. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүүгө аракет кылган учурда КР УКМК чек ара кызматы тарабынан кармалып, тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн КР УКМКга өткөрүлүп берилип, жыйынтыгында КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Ошто "Төлөйкөн" ат майданында бейбаштык жасаган 9 кишиге кылмыш иши козголуп, бешөө эки айга камалды

Ошто көкбөрү оюну аяктагандан кийинки жаңжалга байланыштуу милицияда баш-аягы 65 киши суракка алынды.

Алардын ичинен тогуз адамга Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козголуп, Кара-Суу райондук соту беш кишини эки айга камакка алды. Убактылуу кармоочу жайда отурган дагы төрт адамдын бөгөт чарасы 4-сентябрда каралат.

Калган 56 кишиге Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Майда бейбаштык” беренеси боюнча протоколдор түзүлүп коё берилген. Бул тууралуу журналисттерге Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди. Мекеме чогултулган видео тасмалардан окуяга катыштыгы барларды тактоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

Оштогу Төлөйкөн ат майданында 31-августта – өлкөнүн эгемендик күнүндө президенттин кубогу үчүн көкбөрү мелдешинин соңунда чыр чыккан. Анда оюндун жыйынтыгына нааразы болгон айрым адамдар талаага чуркап чыгып, калысты кубалап, желим бөтөлкө, таш менен чапкан.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жаңжалда жети адам жаракат алып, алардын бири ооруканага жаткырылган.

Эгемендик майрамына байланыштуу көкбөрү боюнча президенттин кубогу үчүн “Достук” жана “Ынтымак” командалары чечүүчү беттешүүгө чыгып, жыйынтыгында өлкө башчынын байгесин “Ынтымак” 2:1 эсебинде жеңип алган. Эгемендик күнүнө арналган негизги салтанаттар быйыл Ош шаарында өткөрүлдү.

ТИМ: Чикаголук кыргыздарга президент Жапаров 2 хан боз үй белек кылды

2023-жылдын 30-августунда Чикагодо кыргыздын эки хан боз үйүн «Kyrgyz Community Center» кыргыз коомдук уюмуна салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи болуп өттү.

Бул керемет боз үйлөр кыргыз диаспорасы менен мекендин ортосундагы байланышты бекемдөөнүн жана колдоонун белгиси катары Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан белекке берилди.

Боз үйлөрдү салтанаттуу тапшыруу аземи кыргыз коомчулугунун борборунда болуп, ага Чикагодогу кыргыз диаспорасынын координаторлор, активисттер жана өкүлдөрү, белгилүү маданият ишмерлери, бизнес өкүлдөрү, журналисттер жана блогерлер катышты.

Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулу Болотбек Борбиев Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун куттуктоо катын окуп, анда жашаган жерине карабастан кыргыздын каада-салтын жана маданий мурастарын сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

АКШда жашаган мекендештер Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровго чын жүрөктөн ыраазычылыктарын билдиришти.

Боз үйлөр кыргыз маданиятынын жана каада-салттарынын символу катары “бакубат жашоонун” маанилүү элементи болуп, Америка Кошмо Штаттардагы кыргыз маданий мурастарын сактоого жана жайылтууга көмөктөшө турган маданий иш-чараларды, жолугушууларды, билим берүү программаларын өткөрүү үчүн пайдаланылат.

Ысык-Көл райондук салык кызматынын башкы инспектору 50.000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Чакан жана орто бизнести колдоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын УКМКсы тарабынан пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын жүрүшүндө, 2023-жылдын 30-августунда Салык кызматынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл району боюнча атайын текшерүүлөр бөлүмүнүн башкы инспектору А.И.К. жеке ишкерден 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Салык кызматкери көрсөтүлгөн акча каражаттарын контролдук-кассалык машинаны (ККМ) орнотуу боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн опузалоо жолу менен талап кылган.

Белгилей кетсек, салык кызматкери эгер көрсөтүлгөн сумманы берүүдөн баш тартса, айып пул жана кошумча салыктык төлөмдөрүн төлөтөөрүн айтып, коркуткан.

Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: Бишкекте бир жуманын ичинде 4 мектеп директору пара менен кармалды

КР УКМК жаңы окуу жылынын башталышынын алдында Бишкек шаарынын билим берүү системасында окуучуларды 1-класска кабыл алуу жана  бир мектептен экинчисине которууда мыйзамсыз түрдө акча талап кылуу, коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча максаттуу иш-чаралардын комплексин жүргүздү. 

2023-жылдын 1-сентябрында окуучуну башка мектепке которуу маселеси оң  жагына чечилиши үчүн 5000 сом өлчөмүндө акча каражатын алган  борбор калаадагы мектептердин биринин дагы бир директору А.Г.Б.  кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 

КР УКМК КР Президентинин 2023-жылдын 26-майындагы №136 “Балдардын акысыз билим алууга укуктарын ишке ашыруунун мамлекеттик кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, мектептерде, мамлекеттик билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултууга жана  ар кандай коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынат жана бардыгы  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинен камсыздалат деп жазылган.

Буга байланыштуу КР УКМК билим берүү мекемелеринин жетекчилерин мыйзамсыз, анын ичинде мектептерде ар кандай коомдук фонддорду түзүү жолу менен акча  чогултуу практикасынан баш тартууга  жана мындай фактылар үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Насирдин Исанов - Кыргызстандын Кеңеш доорундагы, эгемендүүлүгүнүн башатындагы өзгөчө, көрүнүктүү жана чыгаан инсаны

Кылымдарды карыткан кыргыз элинин, мамлекетинин тарыхынын ар кандай доорлорунда, өзгөчө роль ойноп, омоктуу ойлору, натыйжалуу иштери, келечектүү аракеттери, Ата Журтунун  биримдигин, көз карандысыздыгын бекем сактоо менен кыргыз элинин аброюн жогорулатып, улуттук мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсүнө өзгөчө салымын кошуп, анын келечегине бүт өмүрүн жумшаган чыгаан инсандары көп эле болгон. Алар кадимки  Барс-бег, Мухаммед Кыргыз, Кубат бий, Атаке бий, Алымбек датка, Ормон хан,  Курманжан датка,  Полот хан, Шабдан, А.Сыдыков, Ж.Абдрахманов, И.Айдарбеков, А.Орозбеков, И.Раззаков, Т.Усубалиев, А.Масалиев ж.б. бар.  Ошолордун катарына, бүгүн мааракеси белгиленип жааткан  Н.Исановду кошсо болот.

Алар өз мезгилинин, ар түрдүү кырдаалына жараша элине, мамлекетине эмгеги сиңгени талашсыз. Мындай тарыхый инсандар өздөрүнүн жеке сапаттары: курч акыл-эси, бекем эрки, туруктуу максаты, көрөгөчтүгү, көпчүлүктү өзүнө тарта билүүсү, коомду башкарууга өзгөчө шыгы жана касиети, мамлекеттик деңгээлде саясий, социалдык-экономикалык, маданий маселелерди чечүүдөгү компетенттүүлүгү, ошол маселелерди чечүү жоопкерчилигин өз мойнуна алуу жөндөмү, жол башчылык касиеттери менен өз мамлекетинин баардык социал-дык катмарларын бириктирүү аракети, мамлекеттин кызыкчылыгын ички жана тышкы саясатта коргоп, чоң саясий аренада өздөрүнүн жеке тажрый-басы, артыкча аракети, келечекти көрө билүүсү менен айырмаланышкан. 

Албетте, ошондой элдин, мамлекеттин жоопкерчилигин алууга даяр инсандары-быздын бири Насирдин Исанов. Ал кыргыз элинин эки доорунун тарыхында да-сыккан саясатчы, олуттуу мамлекеттик ишмер, компетентүү экономист, өндүрүш маселелерин ичинен билген, жетекчилик кызматты курулуш масте-ринен курулуш министрине чейин, эгемендүү, көз карандысыз кыргыз мамле-кетинин тарыхындагы – биринчи Вице-президент, Премьер-министри сыяктуу кызматтарды аркалаган, СССР Жогорку Кеңешинин элдик депутаты болгон.

 Насирдин Исанов өзүнүн өрнөктүү, байсалдуу эмгек жолунда: ак эмгекти барк-таган, акыйкатты жактаган, калыстыктан кайтпаган, журт ишенимин актаган,  адамгерчиликти даңктаган, ата наркын, салтын сактаган, улуттун таалим-тарбиясын урматтаган, дүйнө таанымы кенен, акыл  чабыты терең, бир топ өгөчө касиеттерге бай, омоктуу ойлору, олуттуу кадамдары, натый-жалуу иштери, көпчүлүктүн оюна келбеген  максаттары,  көрөгөчтүгү менен элге кадыры сиңип, кызматы өтүп, нускалуу өмүр сүрдү.

 Кезинде Нельсон Манделла “Башкалардын колунан келгенди жасаган адам – ​​жөнөкөй адам. Башкалар жасай албаган ишти жасаган адам – ​​көрүнүктүү, чыгаан инсан. Ал эми башкалар такыр жасай албаганды жасаган адам – ​​улуттун сыймыгы, баа жеткис байлыгы, генийи, Жараткандын белеги” – деп айткан жайы бар. Кыргыз тарыхында ошондой инсандардын бири Н.Исанов  болду 

   Тарых жана саясат таанууда чыгаан инсандардын төмөнкүдөй түрлөрү бар:

  1. Салттуу тарыхый инсандар – булар уруу башчылары, падышалар, монархтар, императорлор, алардын абалы, конкреттүү элдердин, мамлекеттин калыптанган салттарына жана адаттарына негизделет. Кыргызда мындай инсандар  Барс-бег, Мухаммед Кыргыз, Кубат бий, Атаке бий, Алымбек датка, Ормон хан ж.б.
  2. Рационалдуулегалдуу тарыхый инсандар – алар саясий аренага, элдин эрки, колдоосу  менен жетишкендер. Буларга Курманжан-датка, Полот хан, Шабдан, А.Сыдыков, А.Орозбеков, Ж.Абдрахманов, Т.Усубалиев, А.Масалиев,  Н.Исанов ж.б.
  3. Харизматикалык инсандар – өзгөчө касиеттерге, сапаттарга, жол башчылык жөндөмгө ээ инсандар. Кыргызда мындай инсан Исхак Раззаков болгон. 

   Демек, Н.Исанов рационалдык-легалдык чыгаан инсандардын катарына кирет. 

   Кеңеш доорунун соңунда, эгемендүүлүктүн, көз карандысыздыктын башатында, өзүнүн өзгөчөлүгү – креативдүүлүгү, табиятынан башкачалыгы – оригиналдуулугу менен айырмаланган инсан дал ушул  Насирдин Исанов болгон.

   Н.Исановдун  өзгөчөлүгү – креативдүүлүгү эмнеде? Анын коммунисттик пар-тиянын катуу, туруктуу саясий, идеологиялык системасынын шартында калыптан-ганына карабай, башкалардан айырмаланып, жеке эркин ой жүгүртүүсүндө,  идеоло-гияга сугарылган буйруктар, бекитилген туруктуу система, догмалар, бюрократия-лык чечимдер менен дайыма эле макул боло бербей, көп учурда өз көз карашын сунуштап, көпчүлүктү ынандырып, пландарды, аткарыла турган иш аракеттерди өз позициясында, көз карашында чечип, көп маселелерди чечүүдө өзгөчө, башкалардан айырмаланган  аракеттери менен ишке ашыргандыгында. Мындай кадамдарга  анын күчтүү эрки, руху, чечкиндүүлүгү, башкаларды ынандыра билүүсү, башкара билүү жөндөмү, компеиенттүүлүгү, натыйжалуу аракеттери күбө. Мисалы, Кеңеш доору-нун 70 жылында болбогон, ири архитектуралык комплекстер борбор калаабызда, Ысык-Көл, Нарын областы бириккенде, Н.Исанов демилгечи, куруучу болуп, Ысык-Көлгө кире бериште тургузган Экологиялык пост азыркыга чейин мамлекетке, элибизге кызмат кылып келе жатат. Көл жээгиндеги көптөгөн пляждарды курдуруп, туризмди, эмгекчилердин эс алуусун жакшыртуу максатында реконструкциялаган, тазалап, жакшы шарттарды түздүргөн. Эки башка доор, саясий, социалдык-эконо-микалык система  алмашып жатканда, өлкөнүн келечегин таасын баамдап, базар-рынок экономикасына өтүүнү, келечектеги экономиканын өнүгүүсүнүн туура багыттарын аныктай алган, стандарттуу эмес чечимдери күбө.  Дагы бири, ошол эле Кум-Төр алтын кенин улуттубуздун, кыргыз мамлекетинин кызматына, келечегине пайдаланууга, өмүрүнүн акырына чейин жасаган аракеттери.

    Н.Исановдун дагы бир өзгөчөлүгү – креативдүүлүгү,  жетекчи катары дайыма эле жогору жактан келген, калыптанып, катып калган күнүмдүк, стандарттык идея-ларга туруштук берип, өзгөчө пикирге ээ, расмий тартип, эреже менен иштебеген, стереотиптерге, стандарттуу эрежелерге каршы турган касиеттери болгондунда. Ал маселенин түп-тамырын көрө билгендиги, көптөгөн саясий, экономикалык маселелерди чечүүдө күтүүсүз чечим чыгарып, салттуу эмес ыкмаларды колдоно билгендиги менен айырмалангандыгында.

   Насирдин Исанов эки системанын, башка замандын чыгаан-оригиналдуу адамы болгон. Чыгаандыгы, оригиналдуулугу – биротоло «башкаларга окшоп калбоо» жөндөмү, артыкча интуициясы менен өзгөчө акыл-эси, табигый таланты жана инсан болуп калыптануу жараянындагы жеке сапаттарында болгон. Өзү жашаган коомдо, туруктуу системада болуп, бирок дайыма эле алардын эрежелери менен жашоого батынбаган, өзгөрүүгө аракет кылган, өзүнүн жеке принциптери, көз карашы бар, оригиналдуу ой жүгүртүүсү, жүрүм-туруму, аракети менен айырмаланган инсан. 

     Ошентип ал өзүнүн жеке жөндөмү, кесиптик потенциалы менен табиятынан өз элинин, мамлекетинин лидерлеринин бири экендигин далилдей алды. Талашсыз нерсе, ал кеңеш доорунун партиялык, мамлекеттик адистерди даярдоо мектебинин баардык тепкичтерин басып өтүп, ал мектептин бийик, катаал талаптарна дал келгенин тастыктады. Эмгек жолунда адамгерчилик сапатты бекем тутуу  менен  иш учурунда өзүнө жана кол алдындагыларга катуу тартипти, кынтыксыз аткаруучулук милдетти коё билген инсан болду. Н.Исановду башка замандаштарынан  темирдей бекем эрки, түгөнбөс кубаты, ар түрдүү кырдаалдарда өзүн-өзү кармоосу, феноме-налдык эс тутуму, тынымсыз ишке жөндөмдүүлүгү, аны уникалдуу, өзгөчө – креа-тивдүү, чыгаан – оригиналдуу инсан, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер катары эл, мамлекет тарыхында ташка тамга баскандай из калтырууга жеткизди.  Ал кыска мөөнөттө тарыхый окуяларга, саясий, социалдык-экономикалык өзгөрүүлөргө бай, оор сыноолорду алып келген система, заман өзгөрүүсүн, өткөөл мезгилди  баштан кечирген,  өз элинин, улуттук мамлекетинин келечеги үчүн баш-оту менен кириш-кен, үлгүлүү өмүр сүргөнү талашсыз. 

    Дал ушундай мыкты касиеттери менен Н.Исанов өзгөчө из калтырып кетти десек жаңылышпайбыз.  Мындай касиеттер анын баскан эмгек жолунда баамдалып турат.

   Эми бир эки тактоо иретиндаги маалыматтарды айта кетейин:

  1. Кээ бир ММК, эл арасында, 1988-жылы анын министрдик кызматтан Ыссык-Көл областык аткаруу комитетинин төрагасы катары дайындалышын, анын кайсыдыр бир олдоксон иши, сөзү үчүн  кызматтан төмөндөткөн, “жумшак саясий сүргүн” болгон деген кыяздагы кээ бир маалыматтар бар. Бул туура эмес пикир. Ошол кездеги партиялык-мамлекеттик жетекчи адистерди даярдоо практикасында, келечектүү жетекчилерди бир тармактуу министрликктен, көп тармактуу, сыноосу, кыйынчылыгы, жопкерчилиги көп, облусттук жетекчиликке такшалтуу максатында жиберишчү. Кыргыз тарыхында областтык жетекчиликтен республикалык жетекчиликке көтөрүлгөн А.Дуйшеев, С.Ибраимов, А.Масалиев, Н.Исанов сыяктуу инсандарыбызды эл билет. Мындай практика болгонун бул жерде катышып олтурган, элибиздин кадырлуу аксакалдары да тастыктаары бышык.
  2. Кээ бир ММК Н.Исанов республиканын Жогорку Кеңешинин 12-чакырылышынын депутаты болгон деп жазып жүрүшөт. Мен атайын изилдеп көрдүм, тийиштүү расмий документтерде ал кишинини аты жок. Негедир, ошол шайлоого элибиздин көптөгөн партиялык, мамлекеттик атка минерлери аттанса да, Н.Исанов ал шайлоого катышкан эмес экен. 

   Эске алчу жагдай, 1991-жылы 29-сентябрда Премьер-министр Насирдин Исанов Республика Кыргызстандын №325 Алай округу боюнча – 98,5%  добуш менен  СССР Жогорку Кеңешинин “элдик депутаты” болуп шайланганы кашкайган чындык.  Бирок, депутаттык ишмердүүлүккө жетишпей калган, аткени СССР БШК анын депутаттык мандатын беките электе, 29 ноябрында автокырсыктан каза болгон.  

  1. Кээ бирлер аны экономика илимдеринин доктору болгон деп жиберишти, бул да туура эмес маалымат. Н.Исанов 1990-жылы экономика боюнча кандидаттык диссертацисын жактап,  1991-жылы  СССР Инженердик академиясынын академиги болгону чын.

    Калган акыркы учурлардагы Н.Исановдун дарегине, бейнесине айтылган эпитеттер, штихтер кашкайган чындык экени талашсыз.

Абытов Байболот Капарович

тарых илимдеринин доктору, профессор, Россия табигый илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, ОшМУ

УКМК: $8000 опузалап, $4000 пара алып жаткан жеринен КР Башкы прокуратурасынын тергөөчүсү кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК опузалап акча каражатын талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү, юстициянын майору З.У.К. жана анын шериги «М.У.А. кармалды.

Такталгандай, кармалган прокуратура кызматкери тергелип жаткан кылмыш иши боюнча маселени оң тарапка чечип берүү үчүн чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн бир нече жолу опузалап талап кылып, пара алганы аныкталды. Ошол эле учурда кылмыш ишин башка органга өткөрүп бергенине карабай, прокуратуранын тергөөчүсү инвесторлорду кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуп, 8 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алган.

Бул фактылар боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүм (Опузалап пара талап кылуу) боюнча кылмыштын негизинде облустун башкы башкармалыгы кылмыш ишин козгогон.

4000 АКШ доллары өлчөмүндөгү сумманын бир бөлүгү Ош шаарында М.У.А. аттуу ортомчусу аркылуу прокуратуранын тергөөчүсү тарабынан алынган. 

Учурда прокуратуранын тергөөчүсү жана анын шериги Жалал-Абад шаардык сотунун санкциясы менен КР УКМКнын Жалал-Абад областынын башкы башкармалыгынын тергөө камак жайына 2 айга камакка алынды.

Тергөө иштери уланууда.

ИИМ: Оштогу "Төлөйкөн" атмайданында чагымчылдык жасап, башаламан уюштургандар жоопкерчиликке тартылат

Ош облусунун “Төлөйкөн” атмайданында Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 32 жылдыгына арналган Көк бөрү боюнча финалдык беттештин аяктар алдында оюндун жыйынтыгына көрүүчүлөр тарабынан нааразычылыктар айтылып, жыйынтыгында көрүүчүлөр массалык түрдө коомдук тартип бузушкан. Бул окуя ички иштер органдарында катталып, териштирүү иштери жүрүүдө. Жабыркаган жарандар жок. Териштирүү иштери ИИМдин жетекчилигинин көзөмөлүндө жана коомдук тартипти бузуп, чагымчылдык аракеттерди жасагандар аныкталып, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.
Акыркы күндөрү социалдык тармактарда  региондор аралык кастыкты козутууга түрткөн билдирмелер активдүү жарыяланууда. Ички иштер министрлиги чагымчыл жана башка материалдарды тараткандар мыйзамдын негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертет. ИИМ жана анын бөлүктөрү мындай чагымчыл материалдарды тараткандарды аныктоо боюнча чараларды көрүп жатат.
Ички иштер министрлиги региондор аралык кастыкты козутууну көздөгөн жарандар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылаарын эскертет.
Мыйзам бузууларга, чагымчылдык жасоого аракеттенүүгө, коомдук тартипти бузууга байланышкан жагдайлар аныкталса мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт.

УКМК: Бишкекте ата-энелерден мыйзамсыз акча талап кылган мектеп директору камакка алынды

КР УКМК Бишкек шаарынын мектептик билим берүү системасында акча талап кылуу фактыларына бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, окуучуларды кабыл алуу жана которуу учурунда акча талап кылуу фактыларын аныктады.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 26-майындагы No136 Жарлыгына ылайык,  мамлекеттик билим берүү уюмдарында акча чогултуунун ар кандай түрүнө тыюу салынган. Жогоруда айтылган тыюу салууга карабастан, борбордогу мектептердин биринин директору тарабынан окуучуларды кабыл алуу жана которуудан түшкөн каражатты алуу боюнча мыйзамсыз схема уюштурулган. 

Ошону менен бирге, алардын аракеттерин мыйзамдаштыруу максатында окуу жайдын администрациясынын катуу  талап кылуу  сунушу боюнча ыктыярдуу-милдеттүү түрдө демөөрчүлүк жардам иретинде 30 миң сомдон 100 миң сомго чейин акча каражаты депозитке салынган. Алардын мындай максаттар үчүн түзүлгөн коомдук бирикменин учурдагы эсеби Кыргыз Республикасынын Президентинин № 136 Жарлыгына да карама-каршы келет.

Аталган факты боюнча, 2023-жылдын 30-августунда атайын эсепке  40 миң сом өлчөмүндө акча каражаты салынганын тастыктаган документтердин негизинде борбор калаадагы мектептердин биринин директору Т.Ч.Д.  кармалып,  КР УКМКнын  СИЗОсуна киргизилди.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында зарыл чаралар көрүлүп, анын ичинде бул кылмышка тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн аныктоо иштери жүрүп жатат.

Казакстан дрон чабуулунан улам Орусияга учуу кооптуу экенин эскертти

Казакстандын авиациялык администрациясы учкучсуз учактардын чабуулдары тууралуу билдирүүлөрдөн улам Орусияга учуу кооптуу экенин жарыялады.

Администрация пландуу жана чартердик каттамдарды аткарып жаткан казакстандык авиакомпанияларга коркунучтарга жана тобокелчиликтерге “өз алдынча баа берүү” зарылчылыгы, тобокелдиктерди азайтуу боюнча чараларды көрүү керектиги боюнча көрсөтмөлөрдү берди.

Өткөн бейшембиде учак тибиндеги дрон Москвага жакындап баратканда атып түшүрүлгөн. “Яндекс Расписание” сервисинин маалыматы боюнча Москва аэропортторунда 130дан ашык каттам убактылуу кармалган.

Казак бийлигинин маалыматы боюнча, учурда Казакстан менен Орусиянын ортосунда туруктуу каттамдарды казакстандык SCAT жана Qazaq Air, орусиялык “Аэрофлот”, “Азимут”, Red Wings компаниялары аткарышат. SCAT жана Aeroflot компанияларынын учактары Москвага каттайт.

Орус армиясы Украинанын шаарларын жапырт аткылап жаткан тушта Орусиядагы дрондордун чабуулдары уланууда. Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалыматты бир нече жолу тастыктаган. Кремль учкучсуз учактар жок кылынганын жарыялап, чабуул үчүн Украинаны айыптаган.

Бишкек: Жаңы автобустар эки күн бекер иштейт, үч жаңы каттам ачылды

Бишкекте  31-августта мэрия Кытайдан сатып келген жаңы автобустар жолго чыгып, алар Эгемендик жана Билим күндөрүнө карата эки күн бою жүргүнчүлөрдү бекер ташымай болуп жатканын шаар башкармалыгы билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, №15 (Ак-Ордо – Калыс-Ордо), №51 (7-апрель – Манас проспекти (айланма)) жана №52 (12-кичи район – Көлмө) деген үч жаңы каттам ачылды, ошондой эле маршруттук кичи автобустар тейлеп келген №100, №105, №152, №195, №212 деген каттамдарга да жаңы автобустар коюлду.

Бишкекте коомдук транспорт маселеси курч социалдык көйгөйлөрдүн бири. Автобус жана троллейбус жетишсиз болгондуктан жүргүнчүлөрдү негизинен жеке ишканаларга таандык маршруттук кичи автобустар тейлейт. Алар экологияны бузуп, жол коопсуздугуна коркунуч жаратып жатканы, шаарда муниципалдык автобустар көбүрөөк болушу керектиги көптөн бери айтылып келет.

Жакында борбор калаага Кытайдын сатып алынуучу 1000 автобустун алгачкы 25и келген. Газ менен жүрүүчү бул автобустардын 500ү быйыл, калганы 500ү келерки жылы ташылып келери айтылган.

Бишкекте муниципалдык автобус айдаганга 1500 айдоочу керек болуп жатканын, алардын айлык маянасы 50 миң сомдон болорун мэриянын басма сөз кызматы 15-августта жарыялаган.

Маданият министрлиги Кыргызстанда ТикТоктун колдонулушуна тыюу салууга ниеттенүүдө

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда ТикТокту колдонууга тыюу салган чечим кабыл алды.

Аталган мекеме соңку учурда бул социалдык тармак балдардын психикалык өнүгүүсүнө, саламаттыгына терс таасир тийгизип жатканына кабатырланган кайрылуулар көбөйгөнүн 30-августта маалымдады.

“Белгилей кетсек, ТикТок колдонуучуну кыска клиптердин виртуалдык дүйнөсүнө батырат, аларды көргөндөн кийин өспүрүмдөр тигил же бул клиптерди кайталоого аракет кылат, алардын айрымдары балдардын өмүрүнө коркунуч туудурат. Ушуга байланыштуу министрлик бул социалдык тармактын контентине мониторинг жүргүзүп, анда балдардын саламаттыгына, өнүгүүсүнө зыян келтирген маалыматтар чектелбей, жаш курагынын категориясы көзөмөлдөнбөй жатканын аныктады. Көптөгөн кайрылууларды эске алуу менен жана жүргүзүлгөн мониторингдин негизинде министрлик Кыргызстанда ТикТокту жайылтууну токтотуу тууралуу чечим кабыл алды. Мыйзамдарга ылайык, чечимди андан ары ишке ашыруу үчүн Санарип өнүктүрүү министрлигине кат жөнөтүлдү”,- деп жазылган маалыматта.

Санарип өнүктүрүү министрлиги бул чечимге байланыштуу азырынча комментарий бере элек.
Буга чейин Улуттук телерадиокорпорациясынан ТикТокту жабуу тууралуу сурамжылоого негизделген бир катар материалдар көрсөтүлгөн.

Президент Садыр Жапаров 14-августта балдардын маалымат коопсуздугу жаатындагы бир катар мыйзамдарга (Укук бузуулар кодекси, “Кыргызстандагы балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” жана “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамга кол койгон.
Ага ылайык, документтер “балдардын маалымат коопсуздугу”, “балдардын ден соолугуна же өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалымат”, “маалымат продукциясы”, “балдар үчүн маалымат продукциясы” деген түшүнүктөр менен толукталган. Ошондой эле жашы жете элек балдардын өнүгүүсүнө зыян келтириши мүмкүн болгон берүүлөрдү, маалыматтарды чектөө, таратууну тыюу талаптары жазылды. Андан сырткары балдарга зыян делген маалыматтардын тизмеси берилген.

Ушул жылдын май айында АКШнын Монтана штатында ТикТокту колдонууга тыюу салынган.
Батышта бул тиркемеге ээлик кылган ByteDance компаниясы колдонуучулардын жеке маалыматтарын Кытайдын бийлигине өткөрүп берип, жалган маалымат таратуу үчүн пайдаланып кетиши ыктымал деп чочулоо бар.
Евробиримдиктин бардык институттарында, Британия, Франция, Нидерланд, Жаңы Зеландия, Бельгия, Дания, АКШ, Тайванда ТикТокту кызматтык чөнтөк телефондорго же башка жабдыктарга орнотууга тыюу салынган.
АКШда андан тышкары айрым коллеж, университеттерде да ТокТокту пайдалануу мүмкүн эмес.
Ал эми Индия бул тиркемени өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн бузган платформалардын “кара тизмесине” киргизген.
Быйыл мартта Кошмо Штаттарда платформага тыюу салуу демилгесине каршы акциялар болгон. Катышуучулар сөз эркиндигине көлөкө түшөрүн айтышкан.

Кыргыз-казак чек арасындагы "Кең-Булуң" бекетинде да кезек пайда болду

Кыргыз-казак чек арасындагы “Кең-Булуң” өткөрмө бекетинде да жүк ташуучу автоунаалардын кезеги пайда болуп, 146 автоунаа Казакстанга кире албай турат. Бул тууралуу 23-августта Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ушул тапта кыргыз-казак чек арасындагы дагы бир “Ак-Тилек” бекетинде Казакстанга өтө албай турган машинелердин саны 493гө жетти. Өткөн суткада Кыргызстандан Казакстанга 112 автоунаа кирген.

Кыргызстандын өткөрүү жайлары күнүмдүк тартипте иштеп жатат.

Чүй облусундагы “Ак-Тилек” бекетинин жанында айдоочуларга жардам көрсөтүү үчүн чатырлар тигилген. Ал жерлерде айдоочуларга медициналык, психологиялык жардам көрсөтүлүп, ысык тамак берилет.

“Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде 20-августтан баштап жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги пайда боло баштаган.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетинде эч кандай чектөө жок экенин, чек арада мыйзамсыз ишмердикке каршы иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Жазуучу Олжобай Шакир 48 саатка УКМКнын тергөө абагына камалды

Жазуучу, публицист жана коомдук ишмер Олжобай Шакир 23-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылып, дээрлик сегиз саатка созулган сурактан кийин 48 саатка камалды. Бул тууралуу анын адвокаты Бакыт Автандил билдирди.

“УКМКнын кызматкерлери кармап кеткен. Ал бизге кеч маалым болуп, саат 8дерде кирдик. Коюлган айып боюнча айта кетсем. “Жапырт башаламандыкка чакырган, бийлик өкүлдөрүнө жигердүү баш ийбөөгө чакырган” дейт. Ошондой эле “бийликти басып алууга аракет кылган” деген такыр эле негизгиз айыптоолор менен айыпталып жатат. Олжобай Шакир онлайн тынчтык митингге чакырып жаткан. Азыр акылга сыйбаган айып коюлду”, – деди жактоочусу.

Бакыт Автандил Олжобай Шакирдин бөгөт чарасы 24-августта түштөн кийин караларын кошумчалады.

Азырынча атайын кызмат бул боюнча расмий маалымат тарата элек.

Буга чейин жубайы Назгүл Бодбаева Олжобай Шакир 23-августта түшкө маал үйүндө жалгыз болгонун, ошондон бери дайыны билинбей жатканын журналисттерге кабарлаган.

Кийинчерээк жазуучунун дайыны Улуттук коопсуздук комитетинен чыкканын “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова журналисттерге билдирген. Жазуучунун УКМКда суракта экени маалым болгондон кийин аны бошотууну талап кылган бир нече активист, журналист жана укук коргоочулар жана анын жакындары УКМКнын имаратынын алдына чогулган.

Олжобай Шакир бийликтин дарегине ачуу сын-пикир айтып келген. Негизинен Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга башкарууга берүүгө каршы чыккан. Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди маекке чакырып жүргөн. 31-августта нааразылык акциясын өткөрүү демилгесин көтөрүп жаткан.

Активисттер президенттен орусиялык блогердин "оюн үчүн" алган кыргыз жарандыгын жокко чыгарууну талап кылууда

Активисттер президент Садыр Жапаровду жакында эле Кыргызстандын жарандыгын алган орусиялык финансист жана блогер Михаил Жуковицкийдин жарандыгын жокко чыгарууга чакырып жатышат.

Блогер социалдык түйүндөргө кыргыз паспортун “оюн үчүн” гана алганын жазган. Кыргызстандыктар анын мындай мамилесине нааразылык билдирип, бийликтен кыргыз паспортун сурагандын баарына эле бере берүүнү токтотууну талап кылууда.

Жуковицкий 22-августта өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, анда кыргызстандык журналисттерге нааразылыгын билдирген. Анын айтымында, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн айынан кыргыз бийлиги жарандык алгандардын тизмесин адаттагыдай ачык жарыялаган эмес. Ошол эле посттун алдына блогер Кыргызстандын паспортун “оюн үчүн” гана алып койгонун кошумчалаган.

“Менин 13 досум Кыргызстандын жараны болду. Мен жигиттерди сүйүнттүм бүгүн, негизи эле ар бир жарлык кубанычтуу окуя. Тилекке каршы, сиз бул маалыматты ачык текшере албайсыз. Америка жана Евробиримдик каржылаган жергиликтүү журналисттердин акылсыздыгынан улам бул жарлыктарды ачык койбой, жашырып коюуга туура келди. Кыргызстандын жарандыгын берүү тууралуу жарлык акыркы жолу 2022-жылдын 31-декабрында жарыяланган, бирок аны да кийин жашыруун кылып коюшту. Жарандыкка эрте бергендер – азаматтар, эми жакында өзгөртүүлөр болуп, бул өлкөнүн жарандыгын алуу ыктымалдыгы жокко эсе болуп калат”.

Орус блогеринин бул билдирүүсү көз жаздымда калган жок. Социалдык тармактардын активдүү колдонуучулары аны Кыргызстандын жарандыгынан ажыратууну талап кылышты.

“Өзүн да “оюн үчүн” эле Кыргызстандын паспортунан ажыратып, персона нон грата деп жарыялаганга кудурет жетеби? Биздин паспортту “таза көңүл ачуу үчүн” алса болобу? Бул кемсинтүү эмеспи?! Биздикилер алардын аркасын жаап, кыргыз паспортун алышканын жашыруун сыр кылып жатат, алар болсо бетибизге жаба түкүрүп, бизди мазактап жатышат! Намыс барбы?!”, – деп жазды активист Миржан Балыбаев.

Активист Руслан Акматбек да мындай мамилеге тез арада реакция кылууну талап кылууда.

“Мындай болбойт! Бул жалпы эле коомго, бүтүндөй өлкөгө түкүргөндүк! Андан сырткары бул окуя өлкөнүн беделине таасир этип коюшу мүмкүн. Эртең бул үчүн биздин эле жарандар кыйналып калышы мүмкүн, силер жакшы билесиңер да, азыр жарандарыбыз шенген визасын мурдагыдан аз алып калышты. Тактап айтканда жарандарыбыздын эркиндиги чектелүүдө. Ошол эле этностук кыргыздар, Кыргызстанга инвестиция тарткандар айлап-жылдап паспорт ала албай жүрүшөт. Ал эми санкцияга илинген “орус элитасы” чуркап келип, кыргыз паспортун дароо алууда. Азыр тизмени бекитип, көргөзбөгөнгө аракет кылышууда. Бул түмөн суроолорду жаратат. Демек, кандайдыр бир сүйлөшүүлөр болгон, алар бар. Эми бул үчүн ким жоопкерчиликти өз моюнуна алат? Тийиштүү мекемелерден адекваттуу реакция болуп, кыргыз паспортун “прикол үчүн” алгандар биз бүтүндөй бир мамлекет экенибизди түшүнүп, биздин паспорттор баалуу экенин билиши керек”.

Руслан Акматбек эмне үчүн өлкө бийлиги бир жагынан кызыкдар чет элдиктердин баарына паспорт берип, экинчи жагынан өз жарандарынан тартып алып жатканына баш катырууда.

Былтыр ноябрда бийликтин дарегине айтылган сындан улам өлкөдөн күчтөп чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров да ушул суроого жооп таба албай жаткандардын катарында:

“Бул кош стандарттуулуктун ачык мисалы. Бул бийликтин эки жүздүүлүгү, уятсыздыгы. Менин паспортумду жокко чыгарып, өз өлкөмдөн чыгарылсам, экинчи жагынан Кыргызстандын паспорттору каалагандарга ушинтип берилип жатат”.

Орус жарандары Кыргызстандын паспортторун Орусия Украинага басып киргенден кийин активдүү ала баштаганы ушул жылдын башында ачыкка чыккан. Алардын арасында ондогон орусиялык мурдагы жана азыркы чиновниктер, бизнесмендер, алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана башкалар бар экени аныкталган. Маселен, Кыргызстандын паспортун Тверь облусунун мурдагы губернатору Дмитрий Зеленин, орус өкмөтүнүн жогорку соттордогу ыйгарым укуктуу өкүлү Михаил Барщевский, андан сырткары Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча федералдык агенттиктин мурдагы жетекчиси, азыр “Бирдиктүү Орусия” партиясынан Мамлекеттик думанын депутаты Юрий Петровдун уулу жана аялы алган. Петров Евробиримдиктин, АКШнын жана башка өлкөлөрдүн санкциялык тизмесине кирген жана Украинанын соту аны өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө кол салган деген айып менен сыртынан 15 жылга эркинен ажыраткан.

Жарандык алган кыргызстандыктардын аты-жөнү буга чейин президенттин жарлыгында ачык көрсөтүлүп келген. Бирок акыркы убакта ал тизме ачык көрсөтүлбөй калды. Буга президент Жапаровдун администрациясы түшүндүрмө бере элек.

Путиндин баасы 100 миллион доллардык жаңы яхтасы тууралуу иликтөө жарыяланды

Алексей Навальныйдын командасы Орусиянын президенти Владимир Путинге байланышы бар экени болжолдонгон кымбат баалуу яхта тууралуу иликтөөсүн жарыялады.

Graceful деп аталган 82 метрлик яхтанын болжолдуу баасы 100 миллион долларга жакын. Анда эки бассейн, тик учак коно турган аянтча, спортзал, кинозал жана камин коюлган тамактануучу бөлмө бар. Яхтага өтө кымбат эмеректер коюлуп, ички жасалгасында мрамор жана алтын жалатылган материалдар колдонулган. Анын экипажы Федералдык күзөт кызматынын өкүлдөрүнөн туруп, өкмөттүк байланыш менен камсыздалган.

Активисттердин айтымында, Graceful яхтасынын корпусу Северодвинсктеги “Севмаш” кеме куруу жайында жасалган. Аны жасалгалоо жана техникалык жабдууларды орнотуу иши Гамбургдагы Blohm + Voss кеме куруу жайында уланып, 2014-жылы аяктаган.

Алгач яхтанын формалдуу ээси катары Путиндин көп жылдардан берки досу Пётр Колбин ээлик кылган Британ-Виргин аралдарында катталган офшор компания көрсөтүлгөн. 2020-жылы декабрда яхта ээси жашырылган “Аргумент” деп аталган орусиялык акционердик коомго сатылган.

Маалыматка караганда, Graceful яхтасы 2022-жылы январда Гамбургдагы кеме куруучу жайда пландык оңдоодон өтүп жатканда шашылыш түрдө Орусияга кайтарылган. Иликтөөчүлөр Москва мындай жол менен яхтаны Украинага кол салгандан кийинки камакка алуулардан коргоп калууга аракет кылган деп болжолдоодо.

2022-жылдын 24-февралынан кийин АКШнын Каржы министрлиги Путинге байланышы бар мүлк катары Graceful яхтасын санкциялык тизмеге киргизген. Бирок бүгүнкү күндө Эстония, Италия жана Түркия сыяктуу өлкөлөр ортомчу фирмалар аркылуу бул кемеге жабдууларды жеткирүүнү улантып келишет.

Былтыр май айында Италиянын бийлиги Путинге таандык экени айтылган “Шехерезада” аттуу яхтаны камакка алып, АКШдагы кеме токтотуучу жайга жеткирген. Узундугу 140 метрди, баасы 700 миллион долларды түзгөн бул яхтанын формалдуу ээси катары “Роснефтинин” мурдагы башчысы Эдуард Худайнатов көрсөтүлгөн.

Владимир Путин кирешеси тууралуу декларациясында айына 850 миң рубль маяна аларын, “Волга” жана “Нива” үлгүсүндөгү эки автоунаасы жана “Скиф” чиркегичи бар экенин көрсөткөн.

Кыргыз-казак чек арасында кезекте турган айдоочуларга чатырлар тигилди

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде тыгында турган айдоочулар үчүн чатырлар тигилди. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү 22-августта маалымдады.

“Айдоочуларга медициналык, психологиялык жана башка жардам көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлүп, ысык тамак уюштурулду”, – деп айтылат билдирүүдө.

Өкүлчүлүк учурда тиешелүү мамлекеттик органдар жол кыймылын жана коомдук коопсуздукту сактоо иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын кабарлады.

Буга чейин Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы маалымат таратып, кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекетте эч кандай чектөө жок экенин билдирген.

Анда чек арада мыйзамсыз иштерге каршы чаралар жүргүзүлүп жатканы айтылган.

Мурдараак Казакстандын каржы министри Ерулан Жамаубаев “ал жерде маңзат аныктоо боюнча операция жүргүзүлгөнүн, мындан улам Чек ара кызматы менен Улуттук коопсуздук комитети тыкыр көзөмөл кылып жатканын” маалымдаган.

Кыргыз тарап Казакстандын 22-августтагы расмий билдирүүсүнө комментарий бере элек.

Аталган бекетте жүк ташуучу автоунаалардын кезеги 20-августтан тартып узара баштаган. 22-августта алардын саны 500гө чукулдады.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, Казакстан буга чейин “Ак-Тилек” аркылуу бир саатта 14-15 машине өткөрсө, азыр 4-5 саатта бирден автоунааны өткөрүп жатат.

УКМК: Талас облусунда баасы 55 миллион сомдук 14 гектар жерди турак-жай курууга мыйзамсыз берген атка минерлерге кылмыш иши козголду

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Талас областынын Талас районунун жана Калбинск айыл округунун кызматкерлери тарабынан, Талас облусунун аймагында турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды.
Такталгандай, Талас облусунун Талас районунун Калбинск а/о кызматкерлери менен «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Талас райондук бөлүмүнүн кызмат адамдары биргеликте бир бүтүмгө келип алышып, турак жайларды куруу үчүн жалпы аянты 14 гектарды түзгөн жер тилкелерин мыйзамсыз бериишкен, алдын ала эсептөө боюнча мыйзамсыз берилген жер тилкелеринин баасы 55 000 000 (элүү беш миллион) сомду түзөт.
Азыркы учурда, тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында жогорудагы мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча кошумча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Голливуд Бишкекке келди: Америкалык сценарист Кыргызстандык профессионалдар менен мыкты тажрыйбаларды бөлүшүүдө

Бишкек, 2023-жылдын 22-августу – Кыргыз Республикасынын чыгармачыл индустриясынын 25 мүчөсү, анын ичинде сценаристтер, кинорежиссерлор жана продюсерлер 14-18-август аралыгында Америкадан келген америкалык сценарист Нора Уинслоу менен телесценарий жазуунун алдыңкы ыкмаларын жана көндүмдөрүн өздөштүрүштү. Уинслоунун иш сапары АКШнын Мамлекеттик департаментинин Борбордук Азия Дизайн Хабы/IREX тарабынан ишке ашырылып жаткан жана АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Америка тасмаларынын көргөзмөсү долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат.

Катышып жаткан кыргызстандык продюсерлер жана сценаристтердин телесериалдар, даректүү тасмалар жана кино тасмалар боюнча чоң тажрыйбасы бар, Борбор Азияда жакшы таанымал жана бир катары эл аралык деңгээлде таанылган.

Кыргыз Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Уинслоу айым телесценарий жазуу боюнча мастер-классты жетектеп, карьерасынын башталгыч катышуучулары үчүн потенциалды жогорулатуу боюнча семинар өткөрдү жана Согушту жана тынчтыкты чагылдыруу институту (IWPR) тарабынан уюштурулган #GoNight ачык талкуусуна катышты. Жалпысынан бул иш-чаралар Голливуддун мыкты тажрыйбасын жана Голливуд стилиндеги “жазуучунун бөлмөсү” моделин Кыргызстандын чыгармачыл индустриясынын өкүлдөрү менен бөлүштү.

Нора Уинслоу – кино жана теле көрсөтүүдөгү сценарий жазуучусу, ал шоуларда, анын ичинде Miracle Workers (TBS), Future Man (Hulu) жана Netflix жана Roku долбоорлорунда иштеген. Нора Sony Animation, TBS жана Columbia Pictures сыяктуу компаниялар үчүн оригиналдуу жана ылайыкташтырылган кино жана телекөрсөтүү сценарийлерин иштеп чыккан. Жакында ал Starz каналында тартуулана  турган Minx-тин экинчи сезонунда көзөмөлдөөчү продюсер болуп иштеген.

Маалымат иретинде:

American Film Showcase – бул АКШнын Мамлекеттик департаментинин кино алмашуу долбоору. АКШ элчиликтери менен биргеликте бул долбоор дүйнөлүк аудиторияга кино аркылуу Америка коому жөнүндө түшүнүк берет жана жергиликтүү режиссерлорду жыл сайын 60тан ашуун өлкөдө өз окуяларын айтып берүүгө үйрөтөт. Америкалык кино көргөзмөсү 2012-жылдан бери Түштүк Калифорния университетинин кинематографиялык искусство мектеби тарабынан даярдалып келет.

Кыргыз-өзбек чек арасын демаркацияло комиссиясынын жыйыны өттү

13-19-августта Чолпон-Ата шаарында кыргыз-өзбек биргелешкен демаркация комиссиясындагы эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун жолугушуусу өттү.

Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы 21-августта билдирди.

Жолугушууда чек араны демаркациялоо маселелери талкууланып демаркация иштерин жүргүзүү үчүн атайын геодезиялык тармакты түзүү боюнча даярдык иштери жүргүзүлдү. Жыйынтыгында протоколго кол коюлду.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын делимитация жана демаркациялоо аяктаганын президент Садыр Жапаров быйыл 27-январда Бишкекке мамлекеттик сапар менен өзбек президенти Шавкат Мирзиёев келип кеткенде айткан.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан жер былтыр өлкөдө чоң саясий темага айланган. Суу сактагычтын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 14ү тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Абактагылар мунун баарын саясий куугунтук катары сыпатташкан.

Кыргыз-казак чек арасында 300дөн ашык жүк ташуучу машине кезекте турат

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде 21-август саат 18:30га карата 370тей жүк ташуучу автоунаа Кыргызстандан Казакстанга өтө албай, кезекте турат.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, кыргыз тарап машиналардын жай өтүшүнүн себептерин талкуулоо үчүн Казакстандын чек ара өкүлдөрү менен жолугушуу маселесин карап жатат.

Казакстан 21-августта саат 09:00дөн 18:00гө чейинки аралыкта үч гана машинени өткөргөн. Мекеме Кыргызстан тарап чек арада эч кандай чектөө киргизбегенин жана өткөрмө бекет кадимки тартипте иштеп жатканын кошумчалады.

Казакстан окуя боюнча азырынча комментарий бере элек. Кыргыз-казак чек ара бекеттеринде утур-утур жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги пайда болуп турат.

Марат Тагаев: "2016-жылы Өзбекстан Унгар-Тоого тик учак кондуруп, десант түшүргөндө кыргыз бийлиги ички публикага ойноп эле пансионаттарды алды кылып койгон"

КР Маданият министринин орун басары Марат Тагаев Ысык-Көлдөгү төрт пансионат боюнча өз пикирин билдирип, пост жарыялады.
Учурда Өзбекстанга кайрадан колдонууга берилген төрт пансионат боюнча тескери коомдук маанай жаратуу үчүн максаттуу маалымат таратып жаткан адамдарды көрүп, жаканы кармап, тобоо дебеске арга жок.
Сууну сиңген жерге, сөздү уккан жерге айт дейт. Ак кагазды көрсөтсөң кара дей турган ниеттегилерге бир нерсени далилдеп кереги жок дечи. Бирок… саясат менен иши жок эл, өзгөчө жаштар арасында алардын калпына ишенип алгандар чыгышы мүмкүн да.
Кудайга шүгүр, кеменгер элибиз түшүнүктүү, саясий жактан сабаттуу. Ошондуктан элдин колдоосу 91 пайызга чейин жетүүдө.
Ал эми фейсбукта 100гө жетпеген Тилекмат Куреновго окшош люмпендер, Сыргак Абдылдаевге окшош шизофрениктер, акыркы 5-6 жылдан бери эч жерде иштебеген, бир тыйын салык төкпөгөн бекерпоздор, анан мурдагы бийлик учурунда бийликчил гезиттерди иштетип, болгон рекламаны ээлеп жаман көнгөн, азыр жембаштыгы кур калган Назгүл Мамытова, Алмаз Темирбек, Лейла Саралаева сыяктуу журналисттердин тобу бар. Алар пансионаттар боюнча жазып жатышканынан өздөрү уялбаса, мен көрүп туруп унчукпай кое алгыдай эмесмин.
2016-жылы Ислам Каримовдун тушунда кыргыз-өзбек мамилеси начарлап, Унгар-Тоого тик учак кондуруп, десант түшүргөндө кыргыз бийлиги саясий кадам кылып, ички публикага ойноп эле пансионаттарды алды кылып койгонун баарыбыз билебиз. Ошол жылы Өзбекстан Кыргызстанды эл аралык сотко берген.
2016-жылы августта Ислам Каримовдун көзү өткөн. Бир жылдан кийин 2017-жылы ошол эле Атамбаевдин учурунда пансионаттарды кайра берүү чечими кабыл алынган. Өзбекстанга сапары учурунда кайтарып берүү боюнча сөз берилген.
Ошол мезгилде оппозициялык телеканалда иштеп, Атамбаевди сындап турганбыз. Пансионаттарды кайра берип салды деп ызылдап чыккан эмес экенбиз. Анткени учурунда саясий ход болгонун, Мирзиеев келгенден кийин абал өзгөргөнүн билип турганбыз. Ошондо ызылдабаган Канышай Мамыркулова эжеге азыр эмне болуп жатат түшүнбөйсүң.
2017-жылы декабрда премьер-министр Сапар Исаков пансионаттарды кайра берүү токтомду даярдап чыгарган. Аңгыча Атамбаев менен Жээнбеков урушуп кетип, январда ТЭЦте авария болуп, кол коюу жылып кеткен. Ансыз да айласын таппай калган Жээнбеков бул маселени карагысы да келген эмес.
Бирок, Өзбекстан эл аралык сот аркылуу ишин жылдыра берген. Мына быйыл сот чечими чыгып отурат.
Окуянын чынын билбей каршы сүйлөө кечиримдүү, чынын билгенден кийин муюп калуу адамдык жакшы сапат, бирок билип туруп эле бет тырмай берүү – бетпактык.
Экинчиден, кошуна мамлекет менен туугандык, достук мамиле күтүш керекпиз. Биз Европага суктанып, чек арасыз жашоону кыялданабыз, а талап кылганыбыз “суу бербе, пансионаттарын бербе, инвесторлорун киргизбе” деген сөздөр.
Кошуна мамлекеттердин курорттук аймакка инвестиция салып, отелдеринин болушу нормалдуу көрүнүш. Союз мезгилинде эмес, кийин эле 2015-жылы Алмазбек Атамбаев Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердимухамедовго 5 жылдыздуу отель куруу үчүн көлдүн жээгинен жер берүүнү убадалаган. Өзбекстандыкы дагы ошондой эле көрүнүш. Болгону Өзбекстан менен Казакстан Союз учурунда куруп коюшкан экен.
Биз эс тутумдуу коомдук аң сезим калыптандырышыбыз керек.

Садыр Жапаров: 2016-жылы Темир Сариев популисттик кылып алдым деп койгон 4 пансионатты 2017-жылы Сапар Исаков Өзбекстанга кайтарып берүүгө шашкан

Президент Садыр Жапаров 18-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга башкарууга берилиши тууралуу комментарий берди.

Анда бул жайлардан улам кыргыз тарап Ташкент менен соттошконун айтып, убагында пансионаттарды Кыргызстанга кайтарган 2016-жылдагы премьер-министр Темир Сариевди “популисттик” кылган деп айыптады.

“2016-жылы Темир Сариев премьер-министр болуп турганда, мен ачыгын айтайын, популисттик кылып эле алып койгон. Архивдик кагаздарды окуп чыгып, келечегин жакшылап карап, жети өлчөп бир кесиш керек эле. Тагыраак айтсам, эл аралык соттон утулбай турган болсок, анан алып койсо болмок. Ошол эле жылы өзбек тарап Вашингтонго эл аралык сотко 65 миллион долларга доо арыз бериптир. 2017-жылы Сапар Исаков өзбек тарапка кат жөнөткөн экен: “Тынчтык жолу менен чечели, силерге 4 пансионатты кайра берели, силер эл аралык соттон доо арызыңарды алып койгула”, – деп. Алар алган эмес. Май айында эл аралык сот кыргыз тарап 40 миллиондон ашыгыраак доллар төлөйсүңөр деген чечим чыгарды. Биз эки жак келишип, “анча акчаны төлөй албайбыз. Андан көрө силер 49 жылга алгыла, 4-5 жылдыздуу мейманканаларды кургула” деп келиштик”, – деген Жапаров.

Ал ошондой эле бул пансионаттарды сатыкка чыгарганда аларман чыкпастыгын, узак мөөнөткө пайдаланууга берилгени ыңгайлуу болорун белгиледи.

“Ал төрт пансионатты саталы десек, 40 миллионго эмес төрт миллион долларга эч ким сатып албайт. Ал эми 5-10 жылга бербейлиби деген бул түркөйлүк. Төрт-беш жылдыздуу жатаканаларды куруп бүткүчө эле 5-10 жыл кетет. Анан кайсы мамлекет короткон акчасын актабай туруп биз үчүн куруп бермек эле. “Кемпир-Абад кетти” дегендер же сабатсыздар, акылсыздар же ичи кир адамдар. Кемпир-Абад кеткен жок. Келди. Мындан ары 50/50 башкарабыз деп 50 пайызын алып койдук”.

Мунун алдында Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги өзбекстандык компанияларга башкарууга берилген пансионаттар тууралуу түшүндүрмө тараткан. Ага ылайык, “Дилором”, “Золотые пески”, “Рохат” жана “Бустон” пансионаттары узак мөөнөткө, 49 жылга пайдаланууга, ал эми жери ижара шартында берилет.

Келишимге ылайык, бул жайлар үч-төрт жылдыз деңгээлинде оңдоп-түзөтүүдөн өтөт. Иштеген жумушчулардын 80% кем эмес бөлүгүн жергиликтүү тургундар түзүшү керек.

Аталган агенттик бул жайлар мамлекеттин балансында турганын, чыгашалуу болуп келгенин, көпчүлүк бөлмөлөрү начар, авариялык абалда болгонун белгиледи. Жаңылап, оңдоо үчүн ири инвестиция керектигин айтты.

Төрт пансионатты Өзбекстанга башкарууга берүү тууралуу чечим апта башында Чолпон-Атадагы кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн биргелешкен комиссиясынын 10-жыйынында кабыл алынган. Ага ылайык, “Золотые пески” пансионаты “Ташкент механикалык заводуна”, “Дилором” пансионаты “Асакабанк” компаниясына, “Рахат” эс алуу жайы “Өзбекстандын тышкы экономикалык улуттук банкына”, ал эми “Бустон” “Узпромстройбанк” банкына берилет.

“Ар бир объектке салынуучу инвестициянын көлөмү 15-20 миллион доллар деп бааланып жатат, ар биринде 200дөй жумушчу орун түзүлүп, жылына 130 миллион сомго чейин салык түшөт”, – деп жазылган маалыматта.

Кыргыз өкмөтү 2020-жылы “Алтын кум”, “Рохат” жана “Дилором” пансионаттарын жеке менчикке башкарууга берүү ниетин билдирген. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду бул жайлар мамлекеттин менчиги болуп кала берерин, инвесторго убактылуу башкарууга берилерин айткан.

2016-жылы кыргыз өкмөтү совет учурунда Ысык-Көлдө Өзбекстан пайдаланып келген төрт пансионатты менчиктештирүү боюнча токтом чыгарган. Эс алуу жайларынын аталыштары кыргызчаланып, “Рохат” – “Алтын жай”, “Дилором” – “Эне-Сай”, “Золотые пески” – “Бостери” деп өзгөргөн. Ал эми “Бустон” пансионатынын аты ошол бойдон калган.

Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун Ысык-Көлдөгү өлүмү боюнча үч милиция кызматкери камакка алынды

Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун Бостери айылында каза болгон фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын
жүрүшүндө, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан жайкы туристтик мезгилинде коомдук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган милиция кызматкерлери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган.
Аталган факт Ысык-Көл РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон. Аталган кылмыш иши боюнча Кыргыз Республикасынын
ИИМдин Атайын багыттагы полкунун милиционерлери К.У., Н.У., жана Э.А. кармалып, райондук милициянын УКЖга киргизилген.
Райондук соттун чечими менен аларга карата 2 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.
Тергөө амалдары уланууда.

Кыргызстандагы байларды карактоо үчүн келген Чеченстандык Мансур Мовлаев кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) чеченстандык активист Мансур Мовлаев бир жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөнүн, атайын кызматтын террордук уюмдарга бөгөт коюу ишинин алкагында ал Ысык-Көл облусунун аймагында колго түшүрүлгөнүн билдирди.

Мекеме 21-августта тараткан маалыматында 28 жаштагы шектүү радикалдуу идеологияны карманарын, ал Сириядагы эл аралык террордук уюмду каржылоо маскатында анын эмиссарларынын көрсөтмөсү боюнча Кыргызстандагы колунда бар адамдарды карактоо ниетин көздөп жүргөнүн, быйыл январда Кыргызстандын чек арасынан мыйзамсыз өтүп келип, орус жарандыгы тууралуу жасалма паспорт менен жүргөнү аныкталганын белгиледи.

“Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Мыйзамсыз аракеттерди документтештирүү боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Улуттук коопсуздук органдары террордук жана диний-экстремисттик ишмердүүлүккө тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иштерди улантууда”, – деп билдирди УКМК.

Чеченстандык активист менен Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери абактан жолугуп чыкканын жетекчиси Бакыт Рысбеков 21-августта “Азаттыкка” билдирди. Анын сөзүнө караганда, Мансур Мовлаев эч кандай кыйноого кабылбаганын, кармоо учурунда колу жана буту тытылып кеткенин айткан. Бул убактылуу кармоочу жайдагы медициналык китепчесине жазылган.

“Мансур Мовлаев эгерде Кыргызстандан экстрадиция болсо, барган жеринен сөзсүз кыйноого кабыларын айтыптыр”, – деди Рысбеков.

Адвокат Илгиз Насыров шектүүнүн бөгөт чарасы 21-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда караларын айтты. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айып коюлганы айтылууда.

VC.RU сайтындагы маалымат боюнча, Мовлаев Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун негизги сынчыларынын бири. Ал 2020-жылы үч жылга соттолуп, 2022-жылы эркиндикке чыккан. Бирок кайра кармалып, Шалин райондук ички иштер бөлүмүнөн качып чыккан.

Сентябрда Нью-Йоркто АКШ менен Борбор Азия лидерлеринин саммити өтөт

АКШ президенти Жо Байден Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын катышуусунда саммит өткөрүүнү пландоодо.

18-августта Forbes АКШ президенти Жо Байдендин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге жолдогон катынын текстин жарыялады.

АКШ президенти Жо Байден өз катында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёвди сентябрдын аягында Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясынын ачылышы учурунда өтө турган “Борбор Азия-АКШ” (С5+1) форматындагы биринчи саммитке чакырган.

Gazeta.uz басылмасынын Өзбекстан өкмөтүндөгү өз булагы мындай саммит чындап эле пландалып жатканын жана ал АКШнын демилгеси экенин ырастады.

Жо Байдендин катында АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин жолугушуусу 19 же 20-сентябрга белгиленгени айтылат.

“Мен БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясын чыдамсыздык менен күтүп жатам. Анда биз элибиздин жашоосундагы эң маанилүү маселелер боюнча прогресске жетишебиз. 19-20-сентябрдагы “C5+1” форматындагы расмий жолугушууда сиз мага жана биздин кесиптештерибизге кошулуп, коопсуздук, экономика жана экология чөйрөсүндөгү жалпы максаттарга жетүү үчүн биргелешип иштөөнү кантип уланта аларыбызды талкуулайбыз деп үмүттөнөм”, – деп жазган Жо Байден.

Чолпон-Атада көк бөрү боюнча Дүйнө кубогу жыйынтыкталды

“Ынтымак” командасы Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Дүйнө кубогунун алкагында “Достук” кубогун утту.

Финалда таластык команда Казакстандын “Астана” командасын 10:1 менен эсебинде жеңди. Үчүнчү орунду “Түркстан” командасын 11:3 уткан “Достук командасы алды.

Ал эми клубдар лигасында Дүйнө кубогун “Жаштык” командасы алды. Аталган команда финалда Красноярск командасын 2:0 эсебинде утуп алды. Үчүнчү орунду Өзбекстан ээледи.

1-орунду алган командага 2 млн., 2-орунга 1 млн. жана 3-орунга 800 миң сом берилет.
Ушул эле күнү 45 жаштан жогоркулар арасында Кыргызстан менен Казакстандын көк бөрү командалары беттешип, кыргыз көкбөрүчүлөрү жеңишке жетти.

Мелдешке АКШ, Өзбекстан, Казакстан, Орусия, Ооганстан жана Кыргызстандын командалары катышты. Жалпысынан 12 команда ойноду.

Көк бөрү боюнча клубдар арасындагы Дүйнө кубогун быйыл алгачкы жолу Кыргызстан өткөрдү.

Жогорку Сот Өмүрбек Бакировду мандатынан ажыраткан чечимди күчүндө калтырды

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров шайланып келген №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечимди Жогорку Сот да күчүндө калтырды.

Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, соттук отурум 18-августта өттү.

Бакиров акыркы инстанциянын чечими боюнча журналисттерге комментарий берип, муну “мыйзамсыз” деп атады.

“Бул баарына эле билинип турат, бул мыйзамсыз чечим. Жаңы ачылган жагдай деп жатышат. Шайлоо кодексинде “жаңы жагдай деген түшүнүк жок”, – деди ал.

26-июлда Бишкек шаардык соту Ош облусунун Ноокат районундагы бир мандаттуу №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө Бишкектин административдик сотунун чечимин күчүндө калтырган.

7-июнда Бишкектин административдик соту №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын бул округда шайлоо өткөнү тууралуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировду депутат катары тааныган чечимдери да жокко чыгарылган.

2021-жылы 28-ноябрда өткөн аралаш системадагы шайлоодо Өмүрбек Бакиров парламентке депутат болуп шайланган. Саясий жарышка жалпы жети талапкер катышкан.

Талапкерлердин бири, экс-депутат Равшанбек Рысбаев 2022-жылдын декабрында сотко кайрылып, Өмүрбек Бакиров шайлоодо добуш сатып алды деген жүйө менен анын мандатын жокко чыгарууну суранган.

Өмүрбек Бакиров былтыр декабрда журналисттерге берген комментарийинде муну Кемпир-Абад маселеси боюнча мыйзам долбооруна каршы добуш бергени менен байланыштырган.

2022-жылдын 17-ноябрында парламенттин жалпы отурумунда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жатканда Өмүрбек Бакиров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткен.

Бир нече күндөн кийин Өмүрбек Бакировду парламенттин имаратынын 7-кабатындагы иш бөлмөсүнөн чыгарышып, бул маселени иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Ал аталган мыйзам долбооруна каршы добуш берген 19 депутаттын катарында болгон.

ИИМ: Ысык-Көлдөгү скутердин ижарачылары менен эс алуучулардын ортосундагы мушташтын эки тарабы тең камакка алынды

16-август күнү Кош-Көл айылынын “Радуга Вест” эс алуу борборуна жакын орун алган пляжда скутердин ижарачылары менен эс алуучулардын ортосундагы окуя боюнча Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иштери козголду.

Мурда маалымдалгандай, сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында окуяга катышкандардын өздүктөрү аныкталган. Алар скутердин ижарачылары – 18 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну А.Ж., Кош-Көл айылынын тургундары С. А. жана Б. Э., ошондой эле эс алуучулар – Казакстан Республикасынын Алматы шаарында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары, 55 жаштагы С. Д. жана анын уулу 27 жаштагы С. Э. болуп чыгышты. Окуянын бардык катышуучулары Ысык – Көл РИИБдин тергөө кызматына алып келинип, алардан көргөзмөлөрү алынган.

Эки тарап тең арыз жазып, арыздары Ысык-Көл РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Окуяга катышкандардын жана күбөлөрдүн берген көргөзмөлөрү, ошондой эле видеокөзөмөлдөө камераларынан жана күбөлөр тараптан тартылган видео тасмалар толук иликтенип, тергөө кызматы – окуя скутер менен көлдүн үстүнөн айдагандын белгиленген убакыт боюнча талаш – тартыштан улам болгонун аныктады. Оозеки пикир келишпестиктин натыйжасында эс алуучу 27 жаштагы С.Э. скутердин ижарачысы 18 жаштагы С.А.ны биринчи уруп жибергенден кийин, башка скутердин ижарачылары эс алып жаткан атасы менен баласын сабашкан.

Козголгон кылмыш иштеринин алкагында, скутердин ижарачылары Бишкек шаарынын 18 жаштагы тургуну А.Ж., жана Кош-Көл айылынын тургуну С.А., ошондой эле Казакстан Республикасынын Алматы шаарында жашаган Кыргыз Республикасынын жараны, 27 жаштагы С.Э. сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганга чейин Ысык-Көл РИИБдин УКЖга киргизилди.

Тергөө амалдары уланууда.

Сузакта түн жамынып жөнөкөй адамды уурдап кетишип, 5 күн уруп-сабап акча талап кылган каракчылар кармалышты

Үстүбүздөгү жылдын 16-август күнү Ош облусунун Алай районунун тургуну К. уулу Т. арыз менен кайрылган.  Анда 2023-жылдын 7-августунан 8-августуна караган түнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С.Атабеков айыл
аймагында аны «Өткүр», «Алмаз», «Байэл», «Арзыбек» аттуу балдар бети-башына жана денесинин ар кайсыл жерлерине урушуп, күч колдонуп автоунаага салышып, 3500 сом акчасын тартып алышкан. Андан соң 2023-жылдын 13-август күнү саат 11:00 чамасына чейин аны Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Атабеков айыл аймагында караштуу бейтааныш үйдө мыйзамсыз коркутуп, акча талап кылып, кармап ур-токмокко
алышкандыктарын билдирген.
Аталган маалымат 2023-жылдын 16-август күнү Сузак РИИБдин электрондук журналына катталып, 2023-жылдын 17-август күнү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана Сузак РИИБдин оперкызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмыштын бети ачылып, кылмышка тиешеси бар атуулдарды аныктап андан кийин кармоо максатында ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, натыйжада төмөндөгү атуулдар кармалып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди:
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну, мурун соттолгон 2002-жылы туулган С.Б., ошол эле райондун тургуну 1999-жылы туулган М.уулу А. жана 2000-жылы туулган А.А..
Азыркы учурда жогорудагы кармалган атуулдардын үстүнөн мурда болгон бети ачыла элек кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Казакстанда орусиялык "Царьград" телеканалы жабылды

Казакстанда олигарх Константин Малофеевге таандык, орусиялык “Царьград” телеканалы жабылды.

Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар Маалымат жана социалдык өнүктүрүү министрлигине шилтеме берүү менен билдиришти.

Маалыматка караганда, министрлик буга чейин телеканалга экстремизмди үгүттөө айыбы менен төрт жолу эскертүү берген. Акыркысы “Казак улутчулдары Жеңиш күнүнүн алдында орус аялдарын коркутуп жатат” аттуу макалага байланыштуу болгон. Казакстанда жабылган ресурстарга байкоо жүргүзгөн Kaz Blocking Tracker сайтынын ырасташынча, телеканал азыр Казакстанда бөгөттөлгөн.

“Роскомсвобода” долбоору билдиргендей, 2020-жылдын июль айында YouTube экспорттук мыйзамдарды бузгандыктан “Царьград” каналын жаап салган. 2022-жылы Кремлдин пропагандасын жайылткан жана Орусиянын Украинага карата агрессиясын актаган ресурс катары телеканалга санкция киргизилген.

Орусиялык ишкер, “Царьграддын” негиздөөчүсү Константин Малофеев да Евробиримдиктин, АКШнын жана башка өлкөлөрдүн санкциялык тизмесинде. Ал Украинада Орусия тарапта согушуп жаткан ыктыярдуу отряддарды каржылаганы үчүн алты жылдан ашык убакыттан бери эл аралык издөөдө жүрөт.

“Баткенге жардам” атайын эсебинен 327 млн сомдой каражат сарпталды

Чек арадагы жаңжалдан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн ачылган “Баткенге жардам” атайын эсебине 2022-жылдын 16-сентябрынан 2023-жылдын 15-августуна чейин 354 млн 348 миң сомдой акча топтолгон.

Анын 327 млн сомго жакыны сарпталганын облустук бийликтен кабарлашты.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү берген маалыматка ылайык, атайын эсептен өрттөлгөн 437 үй ээлерине жана капиталдык ремонтко муктаж 241 турак жай ээлерине 200 миң сомдон акча каражаты төлөнгөн. Курулушу аяктап пайдаланууга берилген 411 үй ээсине дагы 100 миң сомдон берилген.

Окуяда жол кырсыгынан каза болгон 12 жаранга 3 млн 960 миң сом, жабыркаган 22 жарандын дарылануусуна 935 миң сом бөлүнгөн. Лейлек районунун Кулунду базарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү максатында 2 млн сом берилген. Жабыр тарткан жарандардын балдарына гуманитардык жардам көрсөтүү багытында 58 миң 780 сом бөлүп берилди.

Өрттөлгөн, уурдалган мал жандыктарынын жана автотранспорт каражаттарынын ээлерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында жалпы 599 жаранга 122 млн 280 миң 230 сом акчалай компенсация төлөп берилди. Баткен районунун Достук айылындагы күнөскананы калыбына келтирүүгө 764 миң 594 сом бөлүнгөн. Мындан сырткары 4 млн 600 миң сомдон ашык каражаты калыбына келтирүү иштеринде күйүүчү майга, унаа каттамын уюштурууга, жабыркаган жарандардын балдарын эс алууга жиберүүгө, эвакуация болгон жарандардын азык түлүгүнө, муктаждыктарына жумшалган.

15-августка карата атайын эсепте 27 млн 602миң 632 сом калган.

Өткөн жылы 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу кагылыш болгон. Эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптаган окуядан Кыргызстан бери дегенде 63 жаранынан айрылып, жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындаган. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирген. “Озоди” радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялаган.

Жаңжалда Баткен облусунан 661 турак жай жабыркап, 417си кайрдан курулду. Мындан сырткары, 300дөн ашуун мал-жандык уурдалып, 88 автоунаа өрттөлгөн. Социалдык жана административдик объектилер, көпүрө талкаланган. Министрлер кабинетинин төргасы жалпы чыгым 8 млрд сомдон ашаарын маалымдаган. Ошол кезде Баткенге жардам берүү максатында атайын эсеп ачылган эле.

2010-жылдын июнь окуяларында мыкаачылык менен адам өлтүргөндөрдүн бири кармалды

КР УКМК тарабынан 2023-жылдын 17-августунда издөөдө жүргөн Ош облусунун Кара-Суу районунун 1973-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны «Х.Д.А.» чет мамлекеттин аймагында кармалганын билдирет. Кармалган адам 2010-жылдын июнь айында Ош облусунда болгон массалык баш аламандыкка активдүү катышкан деп шектелип, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Нариман айылында Коргоо министрлигинин кызматкерлери менен укук коргоо органдарынын кызматкерлерин мыкаачылык менен өлтүрүүгө катыштыгы бар деп шектелүүдө. 

Козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган жаран Ош шаарындагы 5-Тергөө камак жайына киргизилет.

Кыргыз Республикасынын УКМК 2010-жылдын июнь окуяларынын уюштуруучуларын жана көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген активдүү катышуучуларын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча комплекстүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2010-жылдын июнь айында өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарга карата эскирүү мөөнөтү колдонулбай турганын эскертет. 

 

Меню