1990-жыл… Ош шаары, Өзгөндөгү апаат… же Ажонун атасы — Шарип акенин бейнеси туурасындагы кечиккен учкай кеп

“Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин”

Аалы Токомбаев

Адам баласынын улуулугу, анын көзү эбак өтүп кетсе да ал туурасында тирүүлөр арасында жылуу сөздүн айтылып келгенинде деп билем. Бул ирет, Шарип аке тууралуу кеп кылмакчымын. Шарип аке тирүү кезинде эле эл арасында легендага айланган инсан болчу. Мен сөз кыла турган жакшы адам жөнүндө эскерүүм эбак жазылыш керек болчу. Бул эскерүү макаламды канча ирет жазам деп келсем да, эми гана сааты чыкылдап, жазуу убактысы келди көрүнөт.

Көрсө ар бир нерсенин өз убактысы болот экен. Бүгүн да эл менен сүйлөшүп калсаң да, “Шарип аке жакшы киши эле” деген сөз көп айтылып келет. Бул бекер жеринен эмес. Чындыгында Шарип акенин карапайым эл арасында өтө жогору болчу. Жалпы коомчулук билбесе да мен билген эрдикке тете иши туурасында айта кетүүнү туура көрдүм. Жазбай жүргөнүмө олуттуу себептер бар эле. Ал мындай. 1990-жылы Ош, Өзгөн шаарларында улуттар арасындагы кан төгүлгөн алааматта элибиз кан жуткан кайгылуу окуя болгон. Ошол алааматтын чындыгын, өзөгүн кармап айтуу мүмкүн болбогон жагдай түзүлгөн. Кызматтагы адамдын тагдырын сындырып, өмүр бою түрмөгө тыгып коюу, КГБ үчүн бир заматтык иш болчу. Шарип акенин “ЗЭКтер” үчүн жасаган бир канча соопчулук иштери туурасында союз кезинде жазалган эмесмин. Анын себеби бар эле. Ошол кезде гезит беттерине жазып мактагым, даңктагым келди эле. Шарип акенин өзүнө зыяны тийип калбасын деп коркчумун. Азыр ойлосом туура эле кылган экенмин. Ал кезде колунда папке көтөргөн амали бар, бир дагы адам мындай чечкиндүү кадамга бара алган эмес. Ошол окуяны канчалаган жылдардан бери, жан адамга айтпай жүрөгүмдүн тереңинде ыйык тумардай катып келдим. Адам баласынын эркин ой жүгүртүүгө болгон укугун тебелеген тоталитардык система да кыйрады. Ала-Тоо жергесине демократиянын желаргысы келип, көкүрөгүбүздөгү оюбузду эркин айтууга укук алдык. Кудайга шүгүр, азыр ар бир кыргыз жарааны эркинбиз. Убакыт өттү, мезгил деген окуянын өңү түсүн калчап, пендечилик деген ар бир адамдын жан дүйнөсүн соттоп, жай жайына коюп келатат. Ар бир эле адам-кашкайган чындыгын кашкайта айта салуусу оңой эместей, анткенге чоң көрөңгө же болбосо тубаса көк жал, кара кылды карк жарган адам болууга кайрат керек эле. Ушул жакшы адамдын жышааны менен айтылбай турган сөздөр өз пардасын ачып, жарыкка чыгып жатат деп ойлойм. Ооба, көрсө ошондой көрөңгө, Шарип акеде бар экен. Мен эс тартып калган кезимде, эл арасынан “Шарип аке жакшы адам” деген сөздү көп укчумун. Азыр ойлосом жүрөгүндө өз чындыгы бар, турмуштук бай тажрыйбасы, акыйкатчылыгы бар Шарип аке ошол кезде таанымал эле киши болгон экен. Албетте, журналист катары жакшынын тамгасы “Ж”дан башталат дегендей адамдын жакшысы “Шарип акеден” башталат деген ойдомун. Көрсө бул киши анда район, облус чөлкөмү же бүтүндөй Фергана өрөөнүнө гана эмес, эбак эле аты сыртка чыгып, Кыргызстандан ары Орто Азия, Казакстанга окшогон абройлуу коңшулаш республикаларга чейин кадыр-баркка ээ болгон, соода тармагындагы салмактуу орду бар, омоктуу жетекчи болуптур. Мен журналист катары эл башынан өткөргөн окуянын баш аягын чогултуп, соттон-сотко акыйкат издеп таппаган, колумда турган чындыкты жок кылып койгон бийликтен же бир соттон жарытылуу жооп ала албагандан ушундай ойго келгемин. Ал оюмдан азыр да жана элекмин. Бирок ошол жаңжал жаатташкан, бир жерди мекендеп, бир өрөөндүн суусун ичип, кылымдардан бери үзөңгүлөш жашап жаткандардын башына түшкөнү айтып бүткүс арман, көз жашы кургабаган бойдон калган элдин жүрөк титиреткен кандуу трагедиясы болгон. Ошол күндөрү кимдир бирөөнүн акыйкаттуу ак сөзүн угууга зар болгонубуз алаканын жайып, куржун асынып алып, укугубузду издеген дубанадан бетер болдук. Бир катар кырчылдаган жигиттер өлүм жазага кесилсе, миңдеген кары жаш дебей бир өңчөй өз жеринде өгөйлөнгөн кыргыздар жазага илинип, абакка киргизилди. Мына адилет чечимин чыгаралбаган сот, акыйкаттуулукту ылгай албаган тергөө же болбосо мыйзамга көзөмөл кылчу прокуратура айталбаганды — ​өз эркинче айталган да адам бар экенин көргөнбүз. Ооба, ал кишини эскерүүм кыйын күндө кыргызга күйгөн, ички акыйкатчылыгы бар экенин сезгенибизден болуп отурат. Ал эмес бир тараптуу, кан дүргүп турган, жабыр тарткан элге көпүрө болгондогу, даанышмандыгына эми мына азыр баа берип калың элге айтып отурганымдын да сыры тереңде экенин сезимтал окурман сезет. Башкаларды билбейм, элге кабагын карыш салган жаңы жыл кирип келди. Ал 1991-жыл болчу. Улуттар арасындагы кагылышуунун каңшаары жашап турган, төгүлгөн кан али муздай элек кар учур болчу. Арызды сумка менен ташыгандар мүшөктөп ташыса да эл үнү Ак үйгө жетпей, ак жеринен абакка түшкөндөр ырайым сураса, алардын ата-энелери кышты-кыш билбей борборго бой уруп, өлүк-тириктерин таппагандар, үй-бүлөсүн жоготкондор ботодой боздоп, сот, прокуратура, ички иштер министрлиги, түрмөгө чейин теги койчу сыясы кургай элек көз жашка чыланган каттар жоопсуз калганын мен журналист катары өз жонтерим аркылуу өткөрдүм. Мен үчүн өз жеримдеги кан төгүлүүдөн өткөн проблема, тема жоксунган.

Окуянын терең мазмунунда түшүнө билгени менин кирдеген, тунук сезимдеримди дат баскандай болгон ой толгоомду тазалаган экен. Кээ бир акылы тайкы адамдар ар кандай ойлошу да мүмкүн. Шарип аке “ЗЭКтерге” кол сунуп жардам бергидей, Ош шаары менен Өзгөндөгү кандуу кагылышта, бала чакасынан же туугандарынан абакка түшүп, чындык сыйпалап издеген азапты деле көрбөптүр. Кудайга шүгүр, иштеген жеринде кадыры, ээлеген кызматы бар, дасторкону кенен, балдарынын кийген кийими бүтүн, өз ырыскысы менен мартабалуу жашаптыр. Көптөгөн адамдарга жардам берип, жетим, жесирдин жүрөк сыздаткан ыйларын угуп, кайгысын бөлүшүптүр. Абакка тартылгандардын абалын, кантип соттолгонун, чындык чыркырап тирүүлөй көмүлүп жатканына күйүп жүргөн мени, ошол баш-аламаны чыккан мезгилди Шарип аке жабыр тарткандарды курчоосуна алган мерездикти жумшарткандай болгон. Андай күндө жардамга муктажмын дегендер туш тараптан чыга берет экен. Элди акылга, сабырга чакырган ураандар, атайын тапшырма менен чыккандар ого эле көп болду. Бирок элдин көңүлүн буруу оңойго турбады. Андайда Бакай Атадай элге кеби өткөн, болгондо да сууну сиңген жерге чач демекчи сөзү таалага кетпей жүрөккө жетимдүү, ошончолук абройлуу, адам деген атка татыктуу адамдын болушу сөзсүз шарт экен да. Мамлекетти башкаруу бутактарынын баарында кыргызмын дегендер отурса. Түрмө дегенге улуттар арасындагы жаңжалга “күнөлүүсүңөр” деп сот өкүмүн карматкандар кыргыз, карысы дебей жашы дебей абакка суудай агып киргендер кыргыздар болуп жатты. Айдап киргизип жаткандар да кыргыз. Эл тагдыры талаада калат деген ушуда дейсиң карап отуруп. Москвадан келген тергөөчүлөр. БТРди минген аскер кийимчендер айылдарды аралап, алдынан чыккандарды тоголото атып өтүшөт. Сурак сопуту жок, камап киришти. “Мындай элди жетим калган, кайран эл” дейсиң да жазып отуруп. Ушул ойдон ушул күнгө чейин жана элекмин. Бир дагы журт башчысы же бийлик адамдарын эки жолку 1990–2010-жылдардагы улуттар аралык жаңжал үчүн кечире албай келем. Менин кечирбегеним кимгедир пикир жаратса жаратар, айрыкча бийлик мыкчып отургандарга асти жакпайт. Мен бул оюмду дамаамат берген маектеримде айтып да, жазып да келем. Сөзүмдүн башында айткандай өткөн (1992-жылдар болсо керек) окуянын оор күндөрүндө Ош облустун башкарып турган Баатыралы Сыдыков баштаган бир катар район, облустук мамчиновниктер Мырза-Аке айыл өкмөтүнө таанымал актив эжелерибиздин бири, Апиза Мамытованын юбилейлик мааракесинде насип буйруп, бир дасторкон четинде чогуу отуруп, даам татууга туура келди. Ал кезде бейкүнөө камалгандарды коргогонум, чыркырап чындык издеп жүргөнүм үчүн мени райондук, областтык масштабдагы аткаминерлер сыртымдан эле жактырчу эмес. Себеби 90-жылдын каарына кабылган караламандардын үнүн жазып, пикет, митингдерге баштап жүргөнүм үчүн, алардын ак экенин айтып көрүнгөн эшикти жыртып, чындык издегенимди жек көрүшчү эле. Азыр пикет, митинг көнүмүш болуп калбадыбы. Ошентсе да таасирин жогото элек. Антпесе, бийликтегилердин көңүлүн буруу кыйын болчу. Менин, алар менен чогуу отуруумду областын башчысы Б. Сыдыков айтыптыр. Бир аялдын эркектер арасында, болгондо да расмий кызматтагы адамдар ортосунда отурушун туура көрбөгөндөр болот да. Бирок, тиги кишинин айтуусу боюнча мен кирдим да дасторкон четине отурдум. Чынында мен деле ал чиновниктерди жек көрөм да. Бирок жанымда өңү жылуу көрүнгөн кишиге жалт карадым да учурашкан болдум. Көрсө, ошол адам Шарип аке экен. Чынын айтайын, фамилиясын так ошол жерде эстей албайт элем. Себеби, буга чейин жоолугуп сүйлөшүп, жакын болбосом да колун төргө жаңсап, мени өйдө өтүүгө ишарат берди. Б. Сыдыков менен Шарип акенин жанына отуруп калдым. Бир убакта Сыдыков: “Бул журналисттин ар бир сөзү мага ок болуп тийген” — ​деп тамашага салып айтып алды. Мен ошол жерден отургандарга ыраазылык айтып, менин сөзүм көрсө ок болуп тийген экен да. “Жарадар кылган” дедим сыртыма чыгара айтып жатканымды этибарга албай. Сөз кезеги келип калганда Шарип аке салмактуу гана “Бул кызыбыздын атын угуп жүрөм, бирок жакындан бүгүн гана көрүп отурам. Чындыгын айтсам, керек болсо эркектер, мамлекетибиз көтөрө албаган оор жүктү өз мойнуна алып, элибиздин башына түшкөн мүшкүлдү кабагым-кашым дебей жалгыз көтөрүп, аны тарых кылып жазып жүрөт. Жаңыл мырзадай эч нерседен тайманбаган, коркпогон журналист кызыбыз деп билем! Сенин да эмгегиңди баалаган учур келет…” — ​деди да берки отурган чоңдор уксун дегендей менин баркымды көтөрө, аларга тааныштырды. Мен өзүм күтпөгөндөй ошол жакка жалт карапмын. Ал кезде обкомдун биринчи катчысынын көзүнчө, мындай сөздү көрүнгөн эле айта албайт болчу. Көптөн бери жүрөгүмө жагымдуу мындай сөздү укпаган мен эреркеп араң турганымданбы, “Ырахмат Шарип аке…”-дегенге араң жарап башка сөз айта албадым. Дасторкон четинде отуруп Шарип акенин айткан сөзү мага күч кубат, кайрат берди. Алган багытым, көздөгөн жолум түз экенине компастай эле багыт берди.Чындык издеп, жүдөп-какап чиновниктерден кемсинткен сөздөрүн кайра-кайра угуп жүргөн мен үчүн, жан дүйнөм кыйналып жүргөн эң кыйын кезде мактоо сөз жаныма кубат болду, чынында мындай сөздү угам деп эч качан күткөн да ойлогон эмес элем. Кадырымдын көтөрүлгөнүнө жан дүйнөм жашый түштү. Көрсө, жасаган эмгекти баалаган адамдар болот тура деген жылуу пикир качан эле муздап бараткан жан дүйнөмө жылуулук алып келди. Кандуу окуя болгондон бери менин жасаган ишимди эч ким мынчалык жогору баалап, эмгегимдин тууралыгын айта алган эмес эле. Ошол чай ичүүм чарчабай басуума азык болгонун айтайын деп жатам. Андай демди мага берген Шарип аке менен “Азаттык” радиосу болду

. Анда Тынчтык Чоротегин менден маек аларын уккам. Биздин үн бир гана «Азаттык» радиосунан чыгып турганын ошондо «Азаттык» угуучулар айткан. Бардык эле жарандардын бул радиону угууга жеке эрки жетпегендер да болчу экени кызык. Демек, саясатта, коомдо өз парасаты, байкоосу, ички духу менен кадам жасагандар да болот экен. Мен пикет өткөргөн учур окуясы канчалык олуттуу болбосун кашкайта айтып элдин муң-зарынан буйтап өткөндөр болду. Кайра жабылуу аяк жабылуу калсын, караңгыдан мышык чыга калбасын дегендей айткандын оозун жапкандар өз жанын өз кызматын, керт башын гана сактап калуу аракетин көргөндөр четтен чыкчуудай абалда экен да биз ишенген бийлигиң түшкүр. Ошол жылы, Ош окуясына байланыштуу улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовду жек көргөндөр көбөйдү. Сөз эмес, чаң эмес, шамал тийбесин деген алп жазуучуга “кыргызга күйбөдү” деген таш ыргыткан сөздөрдүн тийиши, оор тагдырды баштан кечирип жаткан түштүк элине жеңил болбогонун ким башка жооп айта алат. Мен Айтматовду ушунчалык сыйлаарымдан ушундай сөздү айткан адамдардын жүрөгүнөн кантип Айтматов деген асыл адамдын атын, жакшы сезимге алмаштырса болот деп ойлонуп кетем. Мына жаман саясат ар жакшыларга да өз көлөкөсүн түшүрбөй койбойт экен. Анткени ал окуя эрте-кечпи саясый баасын алыш керек. Мындай пикирлер легендарлуу парламенттин Бекмамат Осмонов, Бегиш Аматов, Камбаралы Бобулов сыяктуу кыргыздын кыраан депутаттарынын айткандары күнү бүгүнкүдөй элдин эсинде. Окуянын кашы— башында турган жогорку мамлекеттик чиновниктер Апаз Жумагулов, Медеткан Шеримкулов баштаган өкмөттүк кишилер жерден үн чыкса да ошолордон үн чыкпай койду го. Эгемендик болдук жок дегенде өз ойлоруна эгемендик алалбагандарды тирүү көрүп жүрөбүз. Айтмакчы, кыргыз элин жыйырма беш жыл башкарган Турдахун Усубалиев деген падыша көзүнүн тирүү кезинде билген-көргөнүн эки ооз сөзү менен айтып койгонго жарабай, бул жалгандан өтүп кетти. Балким, өз ордуна такка келген А. Масалиев ушуну көрмөк деп пенделик кылгандыр. Азыр жүз жашка чыгарын айтып салтанат куруп жатабыз. Ар бир падышанын жүз жолку жасаганын, кыргызга кылган жакшылыгын бармак ийип, санап көрбөйлүбү. Көп жылдар мурда кыргыз элине атагы таш жарган Султан Ибраимовдун жубайы Рева Телтаевадан алган күнүмдү эстеп кеттим. Ошондо суроо-жооп арасында Ибраимовду — ​көп жашаган, элге таанымал бирөө бар ошол өлтүрттү элдин баары билип турат айталбайт деген эле. Болбосо Москвадан келген чекисттердин колу коюлган расмий тергөө документтер кандай күч менен бекилип калды, ачык — ​айкыны элге жетпей. Айтайын дегенибиз ошондой кутумчулардан кыргыздар дагеле арыла элек. Болочокто президенттик тактыны талашат деп Бекмамат Осмоновду да ордо кутумдары жок кылды деп айтып калышат. Андан башка ыраматылыкты жакындан билген үзөңгүлөштөрү, замандаштары өздөрү да кеп кылып жүрүшөт.

1992-жылдын күз айы. Пикет, митинг өткөрүп жүрүп Бишкекте жашаган интеллигенттердин ичинен жан күйгүзгөндөр чыкты. Кат-арызыбызды тиешелүү жерлерге жеткирүүгө жол көрсөткөндөр болду. Алардын бирөөсү Салижан Жигитов, экинчиси ошондо биринчи көргөн арык бала, азыркы көрүнүктүү коомдук саясый ишмер, кадимки Адахан Мадумаров болчу. Гезиттерден жазганыбызды жазгандай “Кыргыз руху” гезитине чыгарып турган Султан Раев болгон. Гезиттин бир санында төбөсү көк тиреген Өзгөн мунарага жарака кеткен коллажы ушунчалык таасир бергенин кара көз жашыбызды төккөнбүз. Мунарага арман-пышманыбызды айтып ыйлаганбыз. Журналист, жазуучу Бекен Назаралиевдин сүрөткерлиги ушул гезитти тааныткан. ИИМ министри Ф. Кулов эле. Камалгандардын басымдуу бөлүгүн күчөтүлгөн тартиптеги түрмө болуп эсептелген Жалал-Абад зонасына этап кылуу сунушубузду колдоп беришти. Ошол түрмөгө кирүүгө туура келди. Басымдуу көпчүлүгү Казакстандын Балкашынан, Ташкенттин Зенгиатинскидеги “особый кылмышкерлер” үчүн деп эсептелген түрмөсүнөн, Коми АССРинен кайтарылып келген “90-жылдын күнөөсүз күнөкөрлөрүнө” жардам көрсөтө тургандардын тобун түзүү оюбузга келди. 31-август эгемендик күнүнө карата түрмөгө барарлыгыбызды туура көрүп алганбыз. Бул күнү абакка кирүү да жумшагыраак болорун, ал жердин күзөтчүлөрү да майрамды эске алышарын жеңилдетилген кырдаал катары эсептедик. Элибиздин башына иш түшүп турган кезде, арка-бел болуп бере турган адам жалгыз гана Шарип аке экенин сүйлөшүп, ошого токтолдук. Ошентип жакшылыгын бел тутуп, ал кишини таптым. Мен атайын Шарип акеге келген жөн жайымды айтып түшүндүрдүм. Арманымды айттым, Шарип аке мени муюп көпкө укту. Башын чайкап эмнегедир кейигендигин билдирген абалда отурду. Жазуучу, акын Жалил Садыков ”Кыргыз Маданиятынын” редактору эсиме келди. “Эл каршылашпайт” деген макала басылды. Мени астейдил угуп жаткан кишиге төгүлдүм аябай. “Эркелериң болбосо эмшиңдегенден не пайда” демекчи мындай карай калсам Жалил агай менден өтүп, көз жашын сүртүп отуруптур. Эсиме түшкөндү ошол жерден сөз арасында Шарип акеге айттым.

Бул турмуштун оюш-кыйышын башынан көп өткөргөн кыраакы, акылдуу адамдын көзүнөн эле бизге жардам берерин байкадым.

— Менден эмне жардам керек? — ​деди Шарип аке.

— Түрмөдөгүлөргө жардам бериңиз… Ак жеринен камалып, тагдыры сынып, мусапыр болуп турган жигиттерибиздин артында колдогон адамдары, эли бар экенин көрсөтүп коёлу. Эгемендүүлүк күнүнө, абакка кирип чыгалы деген оюбуз бар эле… Бизди колдой аласызбы… — ​дегенге буулугуп араң жарадым.

— Маселе чечилет… Алардын ак жеринен абакта отурганын көрүп, менин да жүрөгүм канталап турат. Пенде баласы катары мен деле баарын түшүнүп, көрүп отурам… — ​деди Шарип аке токтоо гана калыбын жазбай.

Уккан кулагыма ишенбей сүрдөп турдум. Шарип аке айткан күнү, айткан жерине жетип бардым. Бир сөз менен эле Кара-Кулжанын керек-жарак коомуна караштуу кампасынын оозуна машинаны токтотуп койдурду. Аңгыча бир жумушчу “Жээнбеков кол койгон кагазды бериңиз!”-деп мага колун сунду. Мен ошондо гана Шарип акенин фамилиясы Жээнбеков экенин билдим. Көрсө, Шарип аке “Кампада болгондорду тизмелеп, баасын жазып машинага жүктөй бергиле!”-деп буйрук берген экен. Заматтын ичинде машинага, тамак-ашка керектелүүчү май, ун, күрүч, макарон, туз, чай, кийим-кече, байпак, фуфайка, ичи жылууланган өтүк жана башка керектүү нерселердин баарын толтура жүктөп берди. Сүйүнгөнүбүздөн сөз айта албай ыйлап алдык. Шарип аке ошол жардамы менен эле токтоп калган жок. Ал кезде Москванын, КГБнын укуругу деле узун болчу. Бакан ооздордун сөзү канторага жетсе, Шарип акени соо коюшпайт эле. Ошондо, Шарип аке өз тагдырын тобокелге салганын азыр гана түшүнүп турам. Шарип аке берген жүк менен ырчы, өнөрпоздор менен түрмөгө кирдик. Түрмөдөгүлөрдүн сүйүнгөнүчү, алар ырдамак тургай ыйлаган көз жаштарын арчыганга үлгүрбөй отурушту. Азыр ойлосом, ак жеринен камалгандар үчүн Шарип Жээнбеков өз башын, керек болсо тагдырын баталгага коюп берген экен. Ал кезде мындайча айтканда баатырдыкка тете ишке көрүнгөн эле адам бара бербейт эле десем болот. Бул чынында эрдикке барабар иш эмеспи… “Алтынды эч качан дат баспайт” дегендей, жакшы адамдын аты өчпөйт, түбөлүккө калат эмеспи. Ал туурасында мен жазбасам башкалар жазарына бөркүмдөй ишенеримди айта кетейин. Анткени, Ош окуясы жөнүндө тарых жазылса, ким жазбасын окуяга көз болгон аксакалдын, өтмүшкө жүрөк болгон таберик адамдын катарын толуктаган Шарип аке жөнүндө сөзсүз жазылат. Кыргыз элинде “Бир адам казган кудуктан, миң адам суу ичет”-деген мыкты сөз бар. Ошол сөз, мен үчүн Шарип аке туурасында айтылгандай угула берет. Жакшы адам туурасында айтаар кебим азырынча ушул…

Жаркын Темирбаева,

КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер

Булак: “Жаңы ордо”

1 комментарий

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *