Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Новости » 9 жылга кесилген Дүйшөнбек Зилалиев УКМКнын абагынан бошотулду
Саясат

9 жылга кесилген Дүйшөнбек Зилалиев УКМКнын абагынан бошотулду

9 жылга кесилген Дүйшөнбек Зилалиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагынан бошотулду. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдиришти.

Белгилей кетсек, экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевди 5-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту үй-мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга эркинен ажыраткан. Бирок кечээ, 6-октябрда аны белгисиз адамдар УКМКнын тергөө абагынан бошотушкан.

Эске сала кетсек, 2010-2017-жылдары Дүйшөнбек Зилалиевге Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча кылмыш ишин козгогон. Ошонун негизинде, 2018-жылдын 8-декабрында УКМК тарабынан камакка алынган.

Быйыл, августта тоо-кен тармагында лицензия берүү боюнча «Коррупция» беренеси менен жаңы иш козголгон. Мындай айыптарды четке кагып келет. Анын адвокатынын айтымында, “Зилалиев мыйзамсыз байыган” деген айып негизсиз, себеби ал кызматтан түшкөндөн кийин байыган экен.

Рекомендуемые

Япония на безвозмездной основе предоставила Кыргызстану 2000 тестов для выявления коронавируса

Япония и ПРООН поддержат Кыргызстан в проведении честных и прозрачных выборов

Япония выделит Кыргызстану 4 млн долларов на поддержку ЦИК в выборном процессе

Оставить комментарий