Абдывахап Нурбаев, Жогорку Кеңештин депутаты: «Жубайыма 19 жашында эле үйлөнүп алгам»

— Агай, адегенде эле балалык кезиңизди эске салуу менен маегибизди баштасак?

— Жакшы болот. Балалыгым, көпчүлүк жаштардай эле элет жеринде, Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Төлөйкөн деген айылында өттү. Эми балачак аты эле айтып тургандай, көптөгөн кызыктарга бай дүйнө болорун билебиз. Ата-энемдин боорунда, бир-туугандарым менен чогуу, балалыктын бал тамган мезгилдерин баштан кечирдим десем болот.

— Канча бир туугансыз?

— Тогуз бир тууганмын. Кудайга шүгүр, ата-энебиздин жардамы аркылуу алардын мээнети кайтып, баарыбыз жогорку билимге ээ болдук. Учурда бир туугандарым баары өз алдынча түтүн булатып, үй-бүлө деген кичинекей мамлекеттердин ээлери деп айта кетсем болот. Ал эми ата-энем бактылуу карылык кечирип айылда турушат. Биздин кеңешчилерибиз. Дайыма бизди колдоп, жакшы сөздөрүн аяшпайт.

— Жаштын тилегин берет дейт. Жаш кезде койгон максаттарыңызга жете алдыңызбы?

— Туура, жаш кезде ар бир инсан алдына көптөгөн максаттарды коёру анык. Менде деле максаттарым көп болгон. Ал максатка, ийгиликке жетүү үчүн адам тогуз жолу жыгылып андан кийин гана жетише алат. Максатка жетүүдө эң негизгиси адам өзүнө-өзү ишенүү жана өжөрлүк менен аракет кылуусу керек. Менин да алдыга койгон максаттарым четинен орундалып келет. Орундатыш үчүн бүт аракетимди жумшап келем.

— Учурда армияга баргандан качкан жаштар көбөйдү. Сиз жоокер болуп мекенди коргодуңуз беле? Коргосоңуз, кайсыл жерде болгонсуз?

— Учурда ар кимдин психологиясы ар башка болгон татаал мезгилде жашап жатабыз. Биздин учурда мекенге кызмат кылуудан качуунун өзү эле эр жигит үчүн өлүмдөн да катуу нерсе эле. Ал мезгилде жоокер болбой калган жигиттердин өзү аз санда болчу. Ал эми ден-соолугу начар болуп армия көрбөгөн жигит арманда калчу. Мен да көпчүлүктүн катарында жигиттик милдеттин бири болгон мекенди коргоону өтөп келгем. Биздин убакта СССР өз күчүндө эле, ал кезде жигиттер он беш республиканын ар кайсыл шаарларында кызмат өтөшчү. Менин бактыма Россиянын Боярский шаарында кызмат өтөө буйруду.

— Ал кайсыл жерде жайгашкан?

— Боярский шаары Россия, Украина, Белоруссиянын чегинде жайгашкан. Бир кызыгы, жергиликтүү эл үч улуттун тилин кошуп сүйлөйт. Биз кызмат өтөгөн жерде өтө чоң база жана Европадан чыккан курал-жарактар сакталчу кампа жана базада жалпы 12 цех бар эле.

— Ал жерде сиз эмне жумуш аткардыңыз? Ошол кампаны кайтардыңызбы?

— Кай жерде болбосун мекенди коргоонун милдети монуңда болгон соң, менин ал жерде аткарчу милдетим күнүнө саат 4–5ке чейин цехтерди текшерип, аларга мүнөздөмө берип, өрт чыкпайт деп кол койчумун. Андан соң гана кампалар жабылчу. Ал убакта ар бир нерсеге дыкат мамиле жасоого аракеттенчүбүз. Айрыкча өрт коопсуздугуна өтө олуттуу көңүл бурулар эле. Армияда жүргөндө дагы мен үчүн бир жагымдуу көрүнүш коммунистик партиянын катарына кабыл алынганым. Партиянын катарына өткөн соң, мага дагы бир олуттуу милдет жүктөлгөндөй таасирленгем.

— Кандайча?

— Ал мезгилдерде партияга өтүү өтө чоң жоопкерчиликтүү нерсени өз мойнуңа алуу эле. Жаман жоруктарың же жакшы иштей албаган болсоң, кандайдыр жүрүм турумдарың үчүн партиядан чыгарылуу өлүмдөй катуу болчу. Партбилетти тапшырып, уятынан төшөк тартып жатып калган инсандар болгон. Бул да болсо, партияга өткөн кишинин намысынын зордугу болсо керек го. Милдет дегеним, элге ак кызмат кылып гана тим болбой улуу-кичүүгө дайыма өрнөк көрсөтүшүм керек деген ой пайда болгон.

— Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз?

— Үй-бүлөлүүмүн. Учурда жубайым экөөбүз эки кыз, төрт уулду тарбиялап жатабыз. Улуу кызым университетти ийгиликтүү аяктап, өз адистиги боюнча иштеп жатат. Ал эми уулдарым мектептерде жана университеттерде билим алып жатышат.

— Жубайыңыз менен сүйлөшүп баш коштуңуз беле же кудалашуу жолу менен үйлөнгөнсүзбү?

— Жубайым менен сүйлөшүп жактырышып жүрүп эле үйлөндүк. Бир ишканада чогуу иштеп калдык, жылдызыбыз келишип баш коштук. Анда мен 23 жашта. Жубайым 19 гана жашта болуучу.

— Үй-бүлө очогу бузулган замандаштар көбөйдү. Үй-бүлө шаарын бузбай сактап калуунун эрежесин айта аласызбы?

— Эми, “бирөөнүн турмушу бирөөгө чытырман токой” дегендей бирөөнүн турмушун сындоодон алысмын. Бирок, учурда үй-бүлөлөрдүн көп бузулушу өкүнүчтүү. Ар кандай шарттар менен бузулуп жаткан үй-бүлөлөргө бир нерсе деп айтуу кыйын.

— Учурда бай кишилер бири-бири менен кудалашууну мартаба көрүшөт, буга сиздин көз карашыңыз кандай?

— Байлардын бири-бири менен кудалашуусун мартаба көрүү боюнча башкача пикирдемин. Бул мартаба эмес. Ар бир ата-эне үчүн негизгиси балдарынын бактылуу турмуш кечирүүсү болот. Балдары жакшы жашап кетерине көзү жетсе, кудалаша берсе болот. Эң негизгиси, балдар бактылуу болушса, үй-бүлө шаарлары жөн жерден бузулбаса экен дейм.

— Жогорку Кеңешке келгендеги максаттарыңыз?

— Менин биринчи максатым, айыл жериндеги жаштардын билим деңгээлин жогорулатуу. Мектептерди, бала бакчаларды салдыруу деп эсептейм.

— Ошол максаттарыңыз орундалып жатабы?

— Буйруса акырындык менен ишке ашырып жатабыз.

— Айыл жериндеги окуучулардын билим деңгээли төмөн деген ойдосузбу?

— Шаарларга караганда окутуу процесстери бир топ төмөн экендигин билем. Шаар жери кантсе да шаар эмеспи, шаардагы окуучуларга шарттар көбүрөөк, ар кандай курстарга барганга убакыт кенен. Ал эми айыл жеринде курстар аз санда. Болсо деле окуучуларда убакыт тартыш. Ошондуктан айыл жериндеги окуучулардын билим деңгээлин алдыга жылдырууну максат койгом. Атайын айыл жерлеринде лицей, гимназияларды сапаттуу түрдө ачууну пландап жатам. Дүйнө жүзү боюнча, билим берүү тармагында Финляндия биринчи орунда турат. Биз билим берүү жагын Финляндия мамлекетинен өрнөк алышыбыз керек деп ойлойм. Жаштарыбыздын илим-билимге сугарып тарбиялоо, өлкөбүздүн келечегине болгон кам көрүүбүз деп эсептейм. Дагы бир мени түйшөлткөн маселе, жетим, таштанды балдардын көбөйүшү. Тагдыр артын салган жаш жеткинчектер тийиштүү деңгээлде каралбай жаткандай туюлат. Ошолор үчүн атайын мектептерди курдурсак деген изги тилегим бар. Жетиммин, мени таштап кетишкен деп эч кимден корунбай, баары бир максатты көздөп окушса деген ой келет. Эми, астыга койгон максаттарым арбын. Буйруса кыбыраган кыр ашат дегендей астыга умтулуу менен бардык нерсени жеңишибизге ишенем.

— Айылдарда окуучулардын билиминен башка кандай проблемаларды байкадыңыз?

— Таза суунун тартыштыгы, жолдордун начардыгы, алыскы аймактарда медиктердин жетишсиздигин байкадым. Буйруса элет жеринде шайлоочуларга берген убадаларымдын өтөөсүнөн толук чыгам деген ишеничтемин.

Булак: “Жаңы ордо”

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *