Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Новости » Адвокат Замир Жоошев абакта жаткан Алмаз Атамбаев, Фарид Ниязов жана башкалар эмненин негизинде бошотулганын айтты
Политика

Адвокат Замир Жоошев абакта жаткан Алмаз Атамбаев, Фарид Ниязов жана башкалар эмненин негизинде бошотулганын айтты

Адвокат Замир Жоошев эмненин негизинде камакта жаткан Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары бошотулгандыгын түшүндүрдү.

Анын айтымы боюнча, Биринчи Май райондук соту Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Фархат Баабиев, Рысбек Карыпбек уулу, Канат Осмоналиевдердин баш коргоо чарасын өзгөртүп, аларды 11-ноябрга чейин үй камагына чыгарды. Мындай чечимди судья Марат Сыдыков чыгарды.

Замир Жоошев соттун 2020-жылдын 6-октябрындагы өкүмүнүн көчүрмөсүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жарыялады.

Из СИЗО ГКНБ и СИЗО-1 АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ, КАНАТ САГЫМБАЕВ, РАВШАН ДЖЕЕНБЕКОВ и другие обвиняемые освобождены на основании постановления ПЕРВОМАЙСКОГО РАЙСУДА.

Опубликовано Замиром Жоошевым Понедельник, 5 октября 2020 г.

Белгилей кетсек, кечээ, 6-октябрга караган түнү митингчилер ак үйдү басып алгандан кийин дароо митингчилердин бир бөлүгү УКМКнын имаратына барып Алмазбек Атамбаевди бошотууну талап кылышып, аны чыгарышты. Элдин дагы бир бөлүгү түрмөдө жаткан экс-депутат Садыр Жапаровду чыгарышты. Дагы бирөөлөр мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жаткан №27 колониясына барышкан. Таңкы саат 06:20да анын бошотулганы белгилүү болду. Камакта жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков , экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев , Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев, Албек Ибраимовдор да эркиндикке чыкты.

Рекомендуемые

Япония на безвозмездной основе предоставила Кыргызстану 2000 тестов для выявления коронавируса

Япония и ПРООН поддержат Кыргызстан в проведении честных и прозрачных выборов

Япония выделит Кыргызстану 4 млн долларов на поддержку ЦИК в выборном процессе

Оставить комментарий