Айданбек Акматов, журналист: “Келерки президенттик шайлоодо Мухаммедкалый Абылгазиев Канат Исаевдин амбицияларына каршы оңой жоо болбойт”

Айтылуу алкомагнат Шаршенбек Абдыкеримов акчасына түптөлгөн “Кыргызстан” партиясы 22-сентябрдагы курултайында кезектеги парламенттик шайлоого (мыйзамга ылайык 2020-жылы күзүндө болууга тийиш) катышарын жарыялады. Мына ошону менен өлкөдө шайлоо өнөктүгү бейрасмий түрдө башталды десек болот.

Жакын арада “Республика” партиясы да курултайга жыйылары кабарланууда. Ал курултайда партия лидери жана капчыгы Өмүрбек Бабанов бир жактуу чечим кабыл алары күтүлөт. Ал кылмыш иштерди “саясий куугунтук” деп жарыялап, ачык саясий күрөшкө чыгат же “саясаттан кеттим” деген сөзүн ырастап, ишкерлик менен гана алек болорун кайталайт…

“Республика” партиясы мына ушинтип эки анжы болуп, шайлоочулары да арасат абалда калганда “Кыргызстан” партиясынын авансценага чыгуусуна, “Республиканын” өлкө түндүгүндөгү шайлоочуларын өзүнө тартып алуусуна ыңгайлуу шарт түзүлүп турат.

Партия лидери Канат Исаев президент С. Жээнбеков жана анын айланасындагылар менен жакшы мамиледе. Президенттин командасы Канат Исаевди А. Атамбаевдин Чүйдөгү таасирин азайтуу максатында абактан чыгарган. Ал миссияны кайсы бир деңгээлде аткарды.

Канат Исаев менен бийликтин ортосундагы жакшы мамиле “Кыргызстан” партиясынын Жогорку Кеңешке келишине ыңгайлуу шарт түзөт. Ошондуктан партия лидери Исаев, партиянын көрүнүктүү өкүлү болуп калган Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков президент С. Жээнбековго лоялдуу болушуп, мактап-жактап жатышат.
АШАнын каарынан коркуп, Канат Исаевден жүз үйрүп, сатып кеткен партиялаштары да кайрадан анын “этегине жыгылып” келишкени мына ошол эле 22-сентябрда курултайда айкын болду.

Дал ушул жагдайлар “Кыргызстан” партиясынын келерки парламенттик шайлоого өз алдынча барабыз деп чыгуусуна негиз берүүдө. Андан ары президенттик шайлоодо ат салышуу максаты турат…

Бирок, “Кыргызстан” партиясынын үстүндө “ала булут” жок, баары ойдогудай дегенге да болбойт. Маселен, Канат Исаевдин кылмыш ишине чекит коюла элек. Партия депутаттары аралашкан “контрабандисттер” жаңжалы да партия беделине сокку урган. Жай айларында өкмөт башчылык үчүн күрөштө өкмөт башчы М. Абылгазиев Исаевдин амбициясы ишке ашуусуна жол берген жок. Аппараттык оюндарда, кадр дайындоо Абылгазиев батылдык кылып, келерки президенттик шайлоодо оңой жоо болбосун туюндуруп келатат…

Айданбек Акматов, журналист

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *