Жалал-Абадда ак — калпак жана мамлекеттик Туу күнү белгиленди

Жалал-Абадда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу жана Ак калпак күнү аба-ырайына карабастан салтанаттуу белгиленди

Бүгүн, 3-мартта Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын  Мамлекеттик Туусу жана Ак калпак күнү салтанаттуу белгиленди деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Өлкөбүздүн Мамлекеттик Туусу жана Ак калпак күнүнө арналган майрамдык салтанаттуу иш-чара Жалал-Абад шаарындагы Ленин жана Пушкин көчөлөрүндө жалпы элдик жөө жүрүш менен башталды. Баштарына Ак калпак кийишип, КРнын Мамлекеттик Туусун желбирете көтөрүшкөн миңдеген адамдар Жалал-Абад шаарынын борбордук Эркиндик аянтына агылып келишти. Жөө жүрүшкө облустук жана шаардык мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары, Жалал-Абад шаарындагы  ЖОЖдордун жана атайын орто окуу жайларынын мугалимдери менен студенттери катышты. Жалпысынан Жалал-Абад шаарында өткөн КРнын Мамлекеттик Туусу жана Ак калпак күнүнө арналган майрамдык салтанаттуу иш-чарага 12 миңден ашуун эл катышты.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу жана Ак калпак күнүнө арналган майрамдык салтанаттуу иш чара Кыргыз Республикасынын Туусунун келтирилиши жана КРнын мамлекеттик гимни менен башталды. Майрамдык салтанаттын катышуучуларын Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов куттуктады. Эркиндик аянтында өткөн майрамдык салтанатттын миңдеген катышуучуларын КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев куттуктады.

-Биздин максатыбыз – Эгемендүү Кыргызстандын туусу көккө желбиреген эркин жана гүлдөп өнүккөн күчтүү мамлекет куруу болуп саналат.  Өлкөбүздүн ачык асманы алдында Кыргызстандын Мамлекеттик туусу ар дайым бийик желбирей берсин. Ата-бабаларыбыз аздектеп-кастарлап келген ак калпакты башынан түшүрбөй баалап-барктагандар жыл санап өсүп жана арбып барууда. Эске салган кыргыздын нукура улуттук баш кийими жыл сайын 5 — мартта – Ак калпак Күнү катары татыктуу белгиленип келе жатат. Чындыгында эле айтылуу «Манас» эпосунан баштап, кийинки кенже эпостордо жана башка элдик оозеки чыгармаларда Ала-Тоо сымал түспөл тарткан кыргыздын улуттук баш кийими—Ак калпак жөнүндө көп дастандар менен аңыздар айтылып келген. Ала-Тоону ыйык мекени туткан биздин ата-бабаларыбыз Ак калпагын, ал эми энелерибиз Ак элечегин жана Ак боз үйүн ар дайым кастарлап, душмандарына кордотпой ыйык асырап тутуп, көздүн карегиндей сактап келишкен. Бүгүн биз улуттук баш кийимибиз болгон Ак калпакты даңазалап,  Жалал-Абадда жөө жүрүштү шаңдуу өткөрүп келип, ушул жерде жүздөшүп олтурабыз. Сиздерди дагы бир жолу бүгүнкү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу жана улуттук Ак калпак Күнү менен  чын дилимден кызуу куттуктаймын,- деди өкүл Кыянбек  Сатыбалдиев.

Майрамдык салтанаттын катышуучуларын Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгынын башчысы Бакыт Жайлообаев, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Айнура Маданова, Жалал-Абад шаардык жаштар уюмунун төрагасы Байыш Ташбаев жана облустун казысы Абдилазиз ажы Закиров куттукташты. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу жана Ак калпак күнүнүн катышуучуларына облустун өнөрпоздору тарабынан театралдаштырылган оюн-зоок жана кеңири программадагы концерт тартуулашты.

Кошуп кетсек, эгемендүү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Ошол күндөн тартып Мамлекетибиздин башкы символикасы катары майрамдалып келе жатат. Мамлекетибиздин туусу кызыл түстө, ал кыргыз элинин байыркы элдерден экендигин айгинелеп турат. Айкөл Манас бабабыз өз элинин, ата-журтунун эркиндиги үчүн баскынчылар менен кызыл асабанын астында күрөшкөн. Туунун кызыл түсү – акыйкаттыкты, нарк-дөөлөттү жана каармандыкты билгизет. Ал эми нурга бөлөнгөн алтын күн – бейкуттукту жана бак-дөөлөттүн символу болуп саналат. Ал эми түндүк болсо Ата конуштун, укум-тукум улоонун, Кыргызстандын бардык элдерине жана бүткүл ай-ааламга мээрмандыктын ыйык белгиси экендиги талашсыз.

Жолдошбай Осмонов, журналист

 

 

 

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *