Анастасия Заворотнюктун карызы 1,6 млнго жетти

48-жаштагы актриса Анастасия Заворотнюктун карызы тууралуу ММКларда буга чейин бир нече ирет айтылып келинген. Буга чейин 44 млн рубль банкка кредит төлөп келген актриса чоң суммадагы акчаны жер тилкесин сатып алуу үчүн банктан алган. Сот кызматкерлери Анастасияга 1,6 млн өлчөмүндөгү каражатты төгүүсүн талап кылган жана эгерде төлөгөнгө мүмкүнчүлүгү жок болсо ага чет өлкөгө чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылат деп кабарлашкан. Бирок акыркы соттук отурум актрисанын пайдасына чечилип, ал мурункудай чет мамлекеттерге эркин чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Эске салсак, сот менен болуп жаткан көйгөйү рублдин курсунун чукул түшүп кетүүсү менен башталган. Аталган сумма соттук териштирүү аралыгында чогулган. Бирок Анастасия Заворотнюк бул маселе боюнча пикирин билдире элек. Аны башка көйгөйлөр алаксытууда дешет күйөрмандары. Алардын айтымында актрисанын спектаклдеринин улам артка жылуусу анын онкологиялык көйгөйлөрү менен байланыштуу.

Булак: “Де-Факто”

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *