Ар-намыс менен абийирди акчага байлап соттошкондор качан ойгонушат?

Адамда улуулук касиет качан акчага кул боло баштаганда качат тура. Анан так ошол акчанын кулу боло баштагандар абийир, ар-намыс тууралуу кеп кылганда күйбөгөн жериң күл болот экен. Биздин айрым саясатчыларыбыз кызыктай эле. Айрыкча чычалак саясатчылар гезитке чыккан материалдарга теригип соттошуп жатып калат. Мейли укуктуу өлкөдө жашагандан кийин ар бир жаран укугун коргош керек. Бирок, абийир, ар-намыс дегенин акчага баалагандарга таңбыз. Менин аброюма шек келтирди деп 1 (бир миллион) млн, 2 (эки миллйон) млн, а түгүл 5 млн (беш миллион) сомго кадыр-баркын баалап сотко беришет. Анан соттон утуп алсам ошол акчаны карылар үйүнө же балдар үйүнө берем дегенде оозуңду ачасың. Бирок, бири даандай кыла элек. Анүстүнө бизде соттошуу системасы да таптдкыр ишенимден чыгып бүткөн. Айлап, жылдап сот иштерин сүйрөп жүрө берет. Ошол эле маалда атайын лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгын түшүнө ала турган соттордун деңгээли да жок. Ал эми арыздануучулар эмне себептен анын аброюна шек келип жатканын толук аңдабай туруп, акча өндүрүүгө ашыгышат. Аброюн сот аркылуу коргоп, өзү жөнүндө туура эмес сөз жазылса аны жокко чыгарып, автордон же басма ээсинен кечирим суратып кадыр-баркын коргосо болбойбу?! Сөзсүз эле акчага бааланышы керекпи? Андай болгон болсо мындай суроо туулат. Мисалы аброюн 1 миллион (бир миллион) сомго баалаган чиновникке акчасы бар киши 2 миллион төлөп берип туруп каалагандай шылдыңдап, мурдуна бок сүйкөсө боло береби? Акчага аброй баалагандар ойлонсоңор, логика кайда.

Булак: “Де-Факто”

 

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *