Аргентинада футболчу ага кызыл карточкасын көрсөткөн калысты эсинен тангыча сабаган

Аргентинада “Спортинг” менен “Митра” футбол командаларынын беттеши учурунда футболистердин бири ага кызыл карточкасын көрсөкөн калысты сабап салган. Бул тууралуу Marcador Final басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, матч 3:1 эсебинде «Митранын» пайдасына токтотулган. Калыс ооруканага жеткирилген, анткени ал футболчу менен мушташып жатканда эсин жоготкон.

Бирок, басылма белгилегендей, анын өмүрүнө эч кандай коркунуч жок болгондуктан ал тез үйүнө коё берилген

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *