Артур Медетбеков: «“Жайшуль махдичилер” террористтик уюмдун мүчөлөрү”

Артур Капарович, Кыргызстанда биринчи ирет жан кечти жардыруу жасады. Мындан ары эмнени күтсөк болот?

Жан кечти биринчи жолу жардырды дегенибиз менен террордук акт Кыргызстанда биринчи жолу болгон жок. Буга чейин дагы түштүк аймагыбызда бир нече жардыруу болгон. 2002-жылы АКШ элчилигине барабыз деп ал жакка кире албай, “Пинара”  мейманканасына аракет кылышкан. Жыйынтык чыкпай коюп, акырында жардыруучу зат “Оберон” базарында жарылган. Ал эми жан кечтинин жарылуусун биз террордук топтордун “биз барбыз, күчүбүздөбүз” дегендей эскертүүсү катары кабылдасак болот. Экинчиден, жардыргычты канчалык деңгээлде жарыларын текшерип көрүшү мүмкүн. Үчүнчүдөн, майрамдын алдында элди коркутуу. Ачыктан ачык позициясын көрсөтүү.

Эмне себептен Кытай элчилиги?

2002-жылы Кытай элчилигинин консулун, ошол эле жылы жазында «Достук» мейманканасынын жанынан Кытай бажысынын жооптуу кызматкерлерин атып кетишкен. Ошол эле жылы уйгур диаспорасынын жетекчисин дагы өлтүрүшкөн. Менин жеке оюмда бул жардырууга “Шарк Азатлык Ташкилати” (ШАТ) террористтик-экстремисттик уюмунун тиешеси бар болушу ыктымал. Убагында Кытайда Синьцзя́н автономдук районунда түзүлүп, Кытай мамлекетине каршы чыккан чоң уюмга айланган. Негизги максаты – өздөрүнчө эгемендүү мамлекет куруу болчу. Кийин ошонун баары ислам динине жамынып,террордук акцияларга өтүп кеткен. Биринчи жолу Кытай мамлекетинин шаарларында террордук актыларды жасаган. ШАТ Афганистандагы Чыгыш Түркстан ислам кыймылы боюнча кирип, алардын баары чогулуп отуруп кийин “Аль-Каида”, ИГИЛ деген чоң экстремисттик уюмдарга мүчө болуп аралашып кеткен. Ал эми ИГИЛдин башчысы Халиф Ибрагимдин билдирүүсүндө, 60 миллиондон ашык доллар Орто Азия өлкөлөрүнө бөлүнүп, башаламандык, террордук акцияларды кылууга жумшалаары билинди.

Анда элчиликтеги жардырууну катуу даярдыктан өткөн топ уюштурдубу?

Албетте. Бул жерде Сирия же Афганистанга согушка барып, катышып жүргөн адамдардын изи бар. Ансыз мындай жардыруу мүмкүн эмес эле. Кол салуудан мурда  эчиликтин коопсуздук кызматы кандай иштейт, кирүү мүмкүнбү, ошону иликтеп чыгышкан. Булар негизги дарбазадан кирбей, арткы дарбазаны колдонуп атышат. Майрам алдында күч органдардын көңүлї эл көп чогулган жерге багытталарын билишкен. Ал эми элчилик, дипкорпустарга көзөмөл азайып каларын дагы иликтешкен. ШАТтын мүчөлөрүнүн көбү азыр Сирияда,  Афганистанда согушуп жүрөт, бомба жасап, жардыруу боюнча тажрыйбасы чоң.

ИИМ менен УКМКнын ортосунда ар дайым кесел атаандаштык, тирешүү байкалып турат. Терроризм менен күрөшүүгө мунун зыяны тийип аткан  жокпу?

Улуттук коопсуздук кызматынын атайын террорго каршы бөлүмдөрү бар. Ал бөлүмдөрдө ишбилги, мыкты адистер бар. Тилекке каршы, ошолордун кесипкөйлүгүн күчөтүү үчүн атайын  ири окууларды, оперативдїї иштер болуп турушу керек. Алар бизде азыраак. ИИМде дагы экстремизм, террорго каршы  бөлүмдөр бар. Бирок алардын көбү буга чейин бул тармакта иштебегендиктен,нукура  анализди так билбегендиктен ишинен жаңылыштык кетиришет. Ооба, эки органдын ортосунда кандайдыр бир деңгээлде тирешүү бар. Жеке кызыкчылыктан чыга албай калышкан. Атаандаштык иш кызыкчылыгы үчүн болсо жакшы болот эле. Бирок террорго каршы турууга бул эки кызматка эле жүктү артып коюп отура берүү жаңылыштык. Кайсы кызмат болбосун ага коомчулуктун жардамы керек. Диний кызматкерлер дагы жардам көргөзүшү зарыл.

Диний кызматкерлер демекчи, көпчүлүк динчилдер кумир туткан Чубак ажы Жалиловдун айтканы тигил болуп атпайбы?

Акыркы жылдары ислам динине берилгендердин саны көбөйдү. Бул албетте, жакшы көрүнүш. Салттуу исламдын кандай тазалыкка, жароокерликке, адамгерчиликке багыттарын билебиз. Бирок ошол эле учурда исламды жамынып алып, аны жаман көрсөтүү максатында аракет кылган сепаратисттик агымдар дагы толтура. Ушуларды эл, жаштар ажыратып билүү үчүн муфтияттын жетекчилери, диний кызматкерлер, имамдар түшүндүрүү иштерин жїргїзїшї керек. А буларда андай иш-аракеттер жокко эсе. Дин кызматкерлери дүйнөдө болуп аткан окуяларды карап туруп, элге ак-карасын ажыратып бериши керек эле. “Динди жамынгандар элди кырып атат, буга барбайлы. Мамлекетти сактайлы” деген иштерди  жүргүзсө жакшы болмок, тилекке каршы, андай боло элек. Анткени динчилдерге булардын сөзү таасирдүүрөк. Анын ордуна мурда иштеп кеткен муфтийлер, имамдар түшүндүрүү иштерин жүргүзүп атканда мамлекеттик түзүлүшкө болгон өздөрүнүн терс, туура эмес ой-пикирлерин айтып койгон учурлар бар.  Бирок ошол эле учурда Чубак ажынын  пикирлерин туура эмес кабыл алып, анын ММКга чыгуусуна тыюу салып атышпайбы. Бул да туура эмес. Себеп дегенде тыюу салуу менен бийликтегилер кайра ошол адамга кандайдыр бир деңгээлде упай топтоп берет. Экстремисттик топтун мүчөлөрү ошондой адамдарды өз катарына тартууга аркет кыла баштайт.

Мурдагы интервьюларыңызда терроризмге каршы күрөш өтө кеч башталганын айтып келесиз…

Мындан бир нече жыл мурун террорго каршы күрөшмөк түгүл аларга жакшы шарттарды түзүп беришкен. 2010-жылы аянтта революционермин деген 5-6 жигит автомат кармап, Ак үйдүн жанында атышууга катышкан. 2011-жылы январь айында ошол жигиттер Кыргызстанда “Жайшуль Махди” деген террористтик уюмду түзүшкөн.  Укук коргоо органдарынын төрт кызматкерин атып єлтүрүшүп, бийликке каршы чыгышкан. Ошондой эле териштирүү иштеринин негизинде Жалал-Адал облусунан ошолордун куралынан 2 адам каза тапканы белгилүү болгон. Андан тышкары, “Жайшуль Махдинин” мүчөлөрү, мындайча айтканда Убактылуу өкмөттүн буйругу менен Ош окуясына ар кандай  жардамдарды көргөзүү үчүн барып келишкен. Ал эми ошол эле 2010-жылдын 10-майында Убактылуу өкмөттүн декретинин чечими боюнча 20дан ашык  экстремисттик топтордун мүчөлөрүнө  амнистия берилип, бошонуп чыгып кетишкен. Алар Ноокат  шаарында болгон экстремисттик башаламандыкка катышып, өздөрүнүн ураанын жактап чыгышкан. 2010-жылы июнда түштүктө болгон эки элдин ортосундагы кагылышууга активдүү катышып, киши өлтүрїү фактылары менен 1-2 мүчөсү кармалган.  Калгандары азыр Сирияда жүрүшөт.  Бул Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн  сабатсыздыгы.  Ошол убакта динчил адамдар арасында өздөрүнө популисттик жол менен саясий упай топтош үчүн “жайшуль махдичилерди” чыгарып жеберген. Алар бүгүнкү күндө катуу даярдыктан өткөн террористтик уюм болуп жүрүшөт.

Бегимай БАКАШЕВА

Булак: Де Факто

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *