
Аскар байке, саламатсызбы! Эл көзүнөн оолак кеттиңиз, эмне иштер менен алексиз?
– Саламатчылык! Эмне иш менен алек болоюн, “Аскар Салымбеков” атындагы фонддун иштери менен алекмин. Азыр жаштар менен тыгыз иш алып барып, келечек муун үчүн жакшылып пландардын үстүндө иштеп жатабыз.
– Баягы Камчыбек Жолдошбаев деген неме маек берип дагы Сизге кашыныптыр го…
– Ал мезгил-мезгил менен мени жамандап турбаса мээсине күч келип кетет. Мындан 3 жыл мурун кайсы бир гезитке мени жамандап, анан сотко бергем. Жыйынтыгында соттон утулуп, келип кечирим сурап кетишти эле, эми кайра баштаган турбайбы.
– Бере турган жообуңуз бардыр?
– Эмне деп жооп бермек элем. Атын дагы атагым келбейт ошонун, анын анын айткандарынын баары жалган, ушак. Куранда дагы айтылат эмеспи, “мусулман тууралуу ушак таратуу бир тууганын этин жегенге барабар”, – деп. Анын ушагына маани да берген жокмун. Менин ким экендигимди, анын ким экенин эл жакшы билет. Баарын Кудайга койдум. Башка комментарийим жок!
Аман Иманалиев
Булак: Де-Факто
Нет комментариев