Атамбаев Обаманы туулган күнү менен куттуктады

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 4- августта Америка Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обаманы туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

“Туулган күнүңүзгө байланыштуу чын дилимден чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Кыргыз Республикасынын өз ара пайдалуу кызыкчылыктарга жооп берген багыттардагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин баса белгилөө менен, Сизге бекем ден соолук жана ийгилик, ал эми АКШ элине – тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”, – деп айтылат куттуктоодо.

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *