Атамбаев Путин менен эмне жөнүндө сүйлөшкөнүн айтты

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү саясий абал боюнча сүйлөшкөнүн билдирди.

Анын мындай билдирүүсүн Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева 25-июлда «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады. Анда Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү экени дагы бир жолу тастыкталганы белгиленип, «бирок ички маселебизди биз өзүбүз чечишибиз керек»,- деп айтылат.

Жолдубаеванын маалыматында Атамбаевдин төмөнкү сөздөрү келтирилген:

«Азыркы бийлик мыйзам талаасына кайтып келиши керек. Алар соттогу иштерди кароодо калыстыкты көрсөтүп, атаандаштарына саясий куугунтукту токтотушу кажет. Менин тарапташтарым шайлоого кабатырланбай даярданууга мүмкүнчүлүк алышы зарыл. Бул жөнүндө Владимир Владимирович Путин Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүүгө ниеттенүүдө. Биз тараптан Жээнбековдон ушундай кадамдарды көрсөк, оппозициянын күн тартиби дароо өзгөрөт. Саясий чыңалуу төмөндөйт. Биз да Кыргызстандын келечеги үчүн ушуну каалайбыз».

Ошондой эле КСДПнын 3-июлдагы митингинде бийликке коюлган талаптарбоюнча жыйынтык күтөрүн билдирди.

Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путин шаршембиде Москвада жолукту. Андан кийин Путин журналисттердин суроосуна жооп берип, Кыргызстан буга чейин эки жолу ички саясий олуттуу толкунду башынан өткөргөнүн, өлкөгө саясий туруктуулук керек экенин айткан.

Атамбаев 24-июлда Орусиянын Канттагы аба майданы аркылуу учуп кеткен. Ал 25-июлда кечки саат кайра келерин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *