Өмүрбек Текебаев: «Атамбаевдин акылы ордундабы? Сүйлөгөн сөздөрү шектенүү жаратат»

«Атамбаевдин сүйлөгөн сөздөрү анын акылы ордунда эмес экендигинен шектенүү жаратат”, — деп Өмүрбек Текебаев 2017-жылы эле айткан. Ошол сөзү бүгүнкүгө дал келүүдө. Өнүккөн өлкөлөрдө президенттин ден-соолугу мамлекеттик сыр эмес — психикалык жактан да, физикалык жактан да. Пресса менен оппозиция дал ушул акылы ордунда эмес адамды бийликке жолотпоо үчүн зарыл. Кейиштүү мисал — Дональд Трамптын АКШ президенти болуп шайланганы, көпчүлүк аны акылы ордунда деп эсептебейт. Экс-президент Алмазбек Атамбаевди ага кантип салыштырбай коесуң… Анын «өзгөчө” сүйлөгөн сөздөрүн айтып олтурсаң, сөз да түгөнбөйт, убакыт да жетпейт: биз болгону оркойгон мисалдарына гана факты менен токтолдук.

Биринчи ирмем: Майрамдык маанай маң болгондо

2016-жылдын 31-августунда, Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгында президент Алмазбек Атамбаевдин сүйлөгөн сөзү түз эфирден көрсөтүлүп, бүткүл өлкө тарабынан талкууга алынган. Эсиңиздерде болсо керек, Бишкектин борбордук аянтындагы майрамдык маанай шаң эмес, маң болгон. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары Атамбаев өзүнүн куттуктоо сөзүндө Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн ар-намысына шек келтире баштаганда, экс-презндент Роза Отунбаеванын аянттан кетип калган видеокадрды сайттарга коюшуп, чоң талкууга алышкан.

Алты жыл мурун президенттик шайлоодо Атамбаевдин талапкерлигин колдоп, энелик батасын берген сыяктуу бийликти өткөрүп берген Р.Отунбаеваны “Эл Отунбаевага добуш берген эмес” деп, “самозванка» атап, элди текени ээрчиген малга теңеди. “Теке” дегени — “Башмыйзамдын атасы”, өлкөнүн эгемендүүлүк алган күнүнөн бери карай саясатта жүргөн Өмүрбек Текебаевди айтканы эч кимге жашыруун эмес эле. Анын мындай сөзүнө атүгүл Атамбаев жөнүндө жылуу пикирде жүргөндөр таңгалышты. Ал күнү эл улут лидеринен таптакыр башка сөздү күтүшкөн эле.

Экинчи ирмем: Ичкилик жөнүндө

2016-жылдын 19-сентябрында Нью-Йоркко учуп бараткан өлкө башчысынын учагы Стамбулга конду — президенттин БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 71-сессиясына болгон расмий сапары болчу. Түрк ММКлары Атамбаевдин жүрөгү кармап, тез жардамдын машинеси менен Эгей деңизинин жээгиндеги ооруканага алып кетишкенин көрсөтүшкөн эле. Бирок түрктөрдүн Haberler интернет-порталы Атамбаев ооруканага жаткырылбай эле, Түркиянын батышындагы Чешме шаарынын эң кымбат “Шератон” мейманканасында экенин билдирген.

Анын ордуна Нью-Йоркто БУУнун Генералдык ассамблеясында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев сөз сүйлөгөн. Президенттин басма сөзү кечигүү менен өлкө башчысы ден соолугуна байланыштуу кыска мөөнөткө эс алуу алганын жар салып, бирок диагнозун так айткан эмес.

Президенттин ден соолугун эл талкуулап, ичкилик жөнүндө имиштер да тараган. “Эртең менен Имам, түштөн кийин — Иван турбайбы” деген да сөз кеткен. Эми анын ичимдик ичкени — Кыргызстанда уламыш болуп айтылып калганы жашыруун деле эмес. Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров өзүнүн китебинде 2009-жылдагы президенттик кампанияда Атамбаевди жайлаган дал ушул ичкилик болгонун төкпөй-чачпай сүрөттөп бербеди беле. Шайлоочулар менен жолугушуудагы мас абалын телеканалдар кайра-кайра көрсөтүшкөн эле — ал видео азыр да Ютуб порталында жүрөт.

Үчүнчү ирмем: “Уу берилген” деп

2007-жылы Бишкекте тынбай өткөн митингдер тынчыгандан кийин дагы бир “маалымат бомбасы” жарылды. Анда К.Бакиевдин бийлигинин учуру болчу, Атамбаев премьер-министр эле. Атамбаев парламенттин жыйынына катышып, Ак үйдөн ага уу берилгенин “балп” эткен. Анын айтканы боюнча, 11-майда кызматтык кабинетинен бир стакан суу гана ичкенин, ошондон кийин эки күнгө эсин жоготуп койгон. “Эки күн эсимди жоготуп жаттым. Мага уу берилгенин билем”- деп, бир жума медиктер канын тазалаганын кошумчалаган. Бирок ага ким суу бергенин, кимден шектенип жатканын так айтпастан, болгону: “Мени минтип коркута алышпайт. Мен эми кызмат ордуман кетпейм”,- деп билдирүү жасаган. Бирок эмнегедир Атамбаевдин ууланганы боюнча фактыны бир дагы доктур тастыктабады, өзү да медициналык далилин келтирген эмес. Бир гана мамлекеттик кароолдогу булактар аркылуу журналисттерге сыр түрүндө Атамбаев ал күнү суу ичпестен, башка түссүз суюктук ичкенин, аны Стамбулда учактан алып чыккан сыяктуу үйүнө жеткирилгени белгилүү болгон.

Төртүнчү ирмем: Индустарга акыл үйрөтүп

2016- жылдын декабрь айында Индияга расмий сапар менен барып, индус бизнесмендерине кантип акча жасоо керектигин үйрөтүп киргенин жакшы билебиз. “Мен бизнесимди 1989-жылы баштагам. Мен анда эң бай киши болчумун, “Мерседестин” эң акыркы маркасын минчүмүн, а биздин президент Акаев анда шведдердин “Вольвосун” минчү. Кыргызстанда инди чайын сатып миллион жасаган түрктү билем, 1993-жылы ал “Москвич” минип, акчасы жок жүрчү, азыр ал Түркияда сыйлуу адам”, — деген эле.

Анан эле “демек силер уктап жатасыңар, силердин бизнес ойгоно элек” деп бир майда өлкөнүн башчысы үнүн бийик чыгарып, калкы жер шарынын алтыдан бир бөлүгүн түзгөн, дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарына кирген Лакшми Миттал, Анил Амбани сыяктуу миллиардерлери бар Индиянын бизнес чөйрөсүнө акыл үйрөтүп кирген. Аягында сөзүнө түшүнбөй, таңгалып караган индус бизнесмендерине “Кыргызстан — бул Кудайдын белеги!” деп кошумчалаган.

Бешинчи ирмем: Мультимиллионерин айтып

2017-жылдын февраль айынын аягында Бишкекке Владимир Путин келип, Кыргызстан президентинин кайра-кайра жабышканына өзүн ыңгайсыз сезип жатканын көрүп турдук. Орус легасын бир кучактап калат, бир колунан кармап, өзүнө тартат. Атамбаевдин бул кылыгын кремлдин журналисти Андрей Колесников “Коммерсантъ” гезитине “шылдыңдап” жазып чыккан.

“Дүйнөдөгү эң таасирдүү кишинин” (Путиндин) ыңгайсыз болгонун америкалык “СиЭнЭн” менен “Таймс” маалымат каражаттары кабарлады — экөөнүн биргелешкен пресс-конференциясында “кыйын” Атамбаевдин жанында Путин карапайым кишидей көрүнүптүр. Анда да Путиндин жанында отуруп алып: “Мен силерге эскертип коеюн, үчүнчү революция болбойт, анткени аны мен жасабайм. Атамбаев долларлуу мультимиллионер болуп турганда Салымбеков жаңыдан бизнесин баштап жаткан, Бабанов сельхоздо окучу” деп сүйлөп, өзүн жергиликтүү байларга салыштырган эле.

Алтынчы ирмем: Өмүрбек Текебаев туура айткан эле

2017-жылдын 6-мартында Атамбаев мыкты жарандарына мамлекеттик сыйлык тапшырып жатып, баягыдай эле таптакыр башка сөзгө өтүп кеткен. “Мыйзам эмес, ушак чыгарган” парламентти тарап кетүүсүн айтып, ал эми Жогорку Кеңештеги бир партияны “сасыган партия” деп дагы “балп” этти. Ошол эле күнү “Ата Мекен” партиясы Башкы прокуратурага билдирүү жасап, Атамбаевдин айткандарына укуктук баа берүүнү жана президентти психиатрдык экспертизадан өткөрүүнү талап кылган. “Соңку учурда Алмазбек Атамбаевдин сүйлөгөн сөздөрү анын акылы ордунда эмес экендигинен шектенүү жаратат. Биз өлкө башчысынын ден соолугун аныктоо үчүн көз карандысыз адистерден турган врачтык комиссия түзүүнү талап кылабыз” деген эле “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев.

Аттиң ай, ошондогу Өмүрбек Чиркешовичтин айтканына көнүп текшерткенде эмне? Ал убакта эч ким даап сүйлөй албай, Атамбаевден коркуп турушчу эмес беле. Дегеле Текебаевдин тээ мурда эле айткандарынын баары азыр парламентте көтөрүлүп жатат. Парламентте ачуу чындыкты айткан Текебаев болчу. Тилекке каршы, ал сөздөрү КТР, ЭлТРден берилбей калгандыктан, карапайым эл билбей калган эле. Мамлекеттик канал жамандап, шыбап туруп алган болчу. Акыры чындык орноп, эми берилип, эми айтыла баштады.

Жетинчи ирмем: “Киши жегичтер” деп

Атамбаевди байкасаңар, тиги уу. Аны ал “бетке айтам” деп кабылдоодо. Чын-чынына келгенде, ал бетке айтпай эле, беттен алып атат. Мына дагы бир мисал. 2017-жылдын 15-мартында чет элдик мамлекеттердин элчилеринен ишеним грамотасын кабыл алып жатып, Атамбаев дипломатиялык лексикондун пайдаланбастан, журналисттерге болгон ич күптүсүн чыгарып алды. Дагы “сасыган” деген сөздү колдонду, ал үчүн сотко беришсе да, бул ирет “сасыган” деген сөздү беш сүйлөмдө алты жолу колдонду.

Мындан тышкары, орусиялык жана жергиликтүү ММК өкүлдөрүнүн аты-жөндөрүн атоо менен ар-намыстарына шек келтирип, алардын чөнтөгүндө чет элдик паспорттору бар экенинен шектенип, анан Путин менен кучакташканын унутуп коюп, орусиялык журналисттерди өз өлкөңөрдө, Орусияда демократиянын жоктугун сындагыла, “бизге АКШ мамдепартаменти менен “Азаттык” радиосунун ойногону жетиштүү” деп элчилерге ушакчылар ким экенин баяндап бергенге үлгүргөн. “Ушакчылар — бул моралдык түрү суук жексурлар. Өзүнүн туугандарынын сөөгүн жеген киши жегичтер”, — деп Атамбаев жакында Башкы прокуратураның “Заноза” сайтына, “Азаттык” радиосуна, Текебаевдин адвокаттарьша берилген доо-арызды тастыктап жатып. Эртеси эле “Ата Мекен” партиясынын адвокаты менен “Заноза” сайтынын журналистинин мүлкү камакка алынган.

Орусиялык журналисттерге тил тийгизе коюп, ал жактагы көр оокаттын айынан убактылуу иштеп, өз өлкөсүн сагынып, араң жүргөн кыргыз туугандарыбызга зыяны тийген. “Атамбаев Орусия боюнча бир нерсе айткан жок беле? Негедир орус полициялар бизди дыкат текшерип, обу жок тийише баштады”, — деп туугандарыбыз тынчсызданып сурап, жүрөктү ооруткан эле. Саясат дегенди түшүнбөгөн Атамбаев кандай адам? Бул жакта, жылуу-жумшак жерде туруп алып балп деп атат. Назарбаевди сынай коем деп да чек ара эмне болду? Путин менен Назарбаев Атамбаевдин балп демейине жооп бербей койгону менен акырын, билгизбей, башка жол менен ошол жактагы туугандарыбызды “кысып” коюп жатышпайбы…

Сегизинчи ирмем: Таластыктарды “Абыке, Көбөш” деп

Жадагалса, студенттердин алдында жөндөп сүйлөй алган эмес. 2017-жылдын 18-октябрында, “Эне-Сай” кабыл алуу үйүндө өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшырып, анда да ачууланып, балп деген, тагырагы таластыктарды экиге бөлгөн. Андагы сүйлөгөн сөзү төмөндө.

“Бүгүн мен сиздерге олуттуу темалар туурасында бир аз сүйлөшкүм келди. Анткени, сиздер акыркы президенттик шайлоодо жаштар кандай алдангандыгын көрдүңүздөр. Мен сиздер менен эгемендик, идеологиялык көз карандысыздык туурасында ой бөлүшкүм келип турат. Тарыхты биле жүрүңүздер. Балдарым, кыргыз тарыхы сакталып калды, ачык айтайын. Убагында Манас атабыз өлгөндөн кийин, Абыке, Көбөштөр башкарып калган кыргыздарды. Абыке Көбөштөр. Манас атабыздын өмүрлүк жары Каныкей апабыз качкан, кичинекей Семетей менен Бухарага качкан. Казыр да Абыке, Көбөштүн урпактары башын көтөрүп атат.

Мен мурдагы күнү “Ютубдан” видеону көрүп алып, жаман болдум. Таластын губернатору Даир Кенекеев “Манасты” алып келип, Манас атанын сөзүн окуп берейин десе, ышкырып, бакырып окутпай койду жаш балдар. Артында, албетте, биз билебиз ким турат. Абыке, Көбөштүн урпактары элдин башын айлантты. Манас атабыздын сөзүн Таласта укпайт, уят. Таластыктар үчүн абдан уят. Менин сөзүмдү уктурбасын, Манас атанын сөзүн Таласта окуйм дегенде, эл Куран китебиндей уккандай болуш керек. Манас атабыз, өзгөчө Таласта, Таласты журт кылып, Таластын пирин чыгарып… Чыңгыз Айтматов айткан: “Саякбай Каралаев — азыркы кылымдын Гомери” деп. Саякбай Каралаевдин китебин, “Манас” дастанын окутпайбыз” деп ышкырып, бакырып, “Манас атанын сөзүн укпайбыз” деп ышкырып, бакырып, Абыке, Көбөштүн урпактары Таласта кылып жаткан кылыгын көрүп алып, мен абдан кайгырдым. Рахмат Даир Кенекеевге. Мен телефон чалып алып, айттым: “Эй, сен Манастын урпагы экенсиң”- деп. Манастын урпактары Кыргызстанда көбөйөт. Таласта деле көбөйөт. Манастын урпактары көзүңөрдү ачкыла! Билесиңер, катуу жаракатты Чингиз хандын урпактары Коңурбай алган. Анткени, Монголияда аларды “монгол” дейт, Россия менен Кыргызстанда “калмак” дейбиз. Калмак элине эч кандай каршылыгым жок. Бирок, бул тарых. Анан азыркы чингизиддерди ээрчиген, Таласта биздин саткын адамды, жаш жигитти ээрчип, Абыке, Көбөштүн урпактарын угуп, Манас атанын Таласта укпайм дегендери бул уят. Мени укпагыла, урматтуу таластыктар, Манас атанын сөзүн окуйм дегенде Қудай өзү кечирсин. Кыргыздар үчүн пайгамбардан кийинки эле ыйык адамыбыз — Манас. Биз Манастын урпактарыбыз! Абыке, Көбөштөрдүн урпактарына жол бербейбиз! Өзгөчө Таласта. Талас башкача бир жер. Бүт Кыргызстан сыймыктанат. Мына, Ала Тоо аянтында Манас атабызга, берки тарабында Чыңгыз Төрөкулович Айтматов турат. Ошондой эле балдары кыйын болсо, ачык айтайын, биринчи жолу айтып атам. Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун күмбөзү бүтпөй жатканда, ошол таластын балдары бир тыйын берген жок, бир тыйын. Мен акча таап, бүтүрүп бердим, Манас, Чыңгыз Төрөкуловдун күмбөзүнө. Айтпаган нерсени айттым. Театр болобу, башка нерсе болобу, эй! Шекерлик, Кара-Бууралык Айтматовго бир тыйын бербей, таластын балдары, ошолорду ээрчигендер бул Абыке, Көбөштүн урпактары. Абыке Көбөштүн урпактары. Манас атабыз болобу, башка бабаларыбыз болобу, жүз деген, миң деген бабаларыбыз канын берген Кыргызстан эгемендүүлүгү үчүн. Мына, 2010-жылы канча жигитибиз өлдү, анын ичинде, 9 таластык жигит аянтта өлгөн. Бабановдор жашынып жүргөндө. Уят. Тарыхты унутпайлы. Тарыхты унутпайлы”, — деген эле Атамбаев.

Атамбаевдин бул сөзүнөн кийин, таластыктар “биздин элден кечирим сурасын! деп талап кылган. Ал эми Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов абдан сонун ыр жазган.

Тогузунчу ирмем: “Менин саясатым жакпаса Казакстанга кеткиле”

Таластыктардан кечирим сурамак түгүл, кайра Казакстанга “кубалаган”, тагырагы, “кеткиле!” деген. Далилдүү айта кетели, 2017-жылдын 27-октябрында Атамбаев Ак үйдө чет өлкөлүк жаңы элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алгандан кийин, баягы адатка айланып калган сөздөрүн сүйлөп, уят кылган. Себеби, бул сөздөр ал жерден айтылчу сөз эмес эле. Анда ал 15-октябрда өткөн шайлоодо ачык айкын добуш берүү мүмкүнчүлүгү түзүлүп, таза шайлоо өтүп, тилеги орундалганын айткан. “Менин тилегим таза шайлоо өткөрүү болчу, ошол орундалды. Эки эле облустан жеңген талапкер административдик ресурс жөнүндө сүйлөгөндө күлкүң гана келет экен. Кыргызстан четтеги бир байкеге эмес, өз президентине ишенет. Өлкөдөгү акыркы окуялар республиканы сатып кетүүгө ким даяр экендигин, Кыргызстанга чындап ким күйөөрүн көрсөттү. Биз көз карандысыздык үчүн жаныбызды берүүгө даярбыз жана биздин ата-бабалар жанын берген. Патриот болуп жаткандардын үнү жөн гана курулай кыйкырык. Эгер кимдир бирөөгө менин саясатым жакпай калса, анда башка жактан орун издей бергиле демекчимин. Бир тууган Казакстандан жарандык алуу өтө жеңил. Силерди кабыл ала турган болсо, кош колдоп кое беребиз. Анткени аларда жер көп — деп таластыктардын жинине тийген. Ошон үчүн Талас облусунун эли абдан жек көрөт.

Байкадыңыздарбы, кайра-кайра “шайлоо таза өттү” деп атат. А бүгүнчү? Бүгүн “таза өткөн эмес” деп Сооронбай Жээнбековду болушунча жамандап жатат.

Онунчу ирмем: “Сооронбай мусулман эмес, мунафык”

Ушул жылдын 8-июнундагы сүйлөгөн сөзүн эле мисалга алалы. Ал “Форумдун” алдында уюшулган митингге катышып, Сооронбай Жээнбековго, парламентке ич күптүсүн дагы айтты. Депутаттарды дагы “чимкирик” (ушуларды да өзү алып келди эле го — авт.) атап, “Сооронбай Жээнбеков шайтанга кызмат кылат, ал каапыр. Мунафык! Мусулман эмес. Азыркы зөөкүрдүк, өзүмбилемдик токтобосо, “Сооронбай, кет!”- деп чыгабыз. “Айланаңдагы кишилерди чогултуп, Кыргызстандан чыгарып кеткен акчаң менен кошо жогол”- деп талап коебуз”,- дегенин баарыбыз угуп, көрүп, “кечээ эле Соке досум деп мактап, жактап, чуркап жүрүп бийлик башына алып келген өзү болчу. “Досун алкап, ыр менен бата берди эле” деп баш чайкап, жакабызды кармап отуруп калдык. Баарынан да Сооронбай Жээнбековду “легитимсиз шайланган” деп күйдүргөнүчү. Роза Отунбаеваны да ошентти эле го.

Он биринчи ирмем: “Менде винтовка да, тапанча да бар”

Эки күн мурунку эле сүйлөгөн сөзүн карагыла эми. Ал 22-июнда Кой-Таш айылындагы үйүндө тарапташтары менен жолугуп, анда ага коюлган дооматтарды четке какты..

“Ушактарды чыгарып мага жалаа жабайын деп атышат. Бирок көрөсүңөр, мунун бири да чындык эмес. Эртели-кеч чындык чыгат. Мага коюлган күнөөнүн баары тең ыплас, калп. Мен аларга актанып, теңелгим келбейт. Сооронбай Жээнбеков менен парламент “Атамбаевди соттойбуз” деп театр кылып жатат. Мен алардын сотуна бара турган адам эмесмин. Мен Кудайдын, элдин сотуна, тарыхтын сотуна даярмын. Акыркы жолу жолукканда балдар “мынча киши болуп күнүгө келебиз” деп тизме түзүп алышыптыр. “Байке, сизди кайтарабыз» дешет. Мен айттым, “менде винтовкасы да бар, тапанчасы да бар, мен өзүмдү-өзүм коргоп калам” десем болбой жатышат. Мүмкүн муну азыр “Атамбаев элди чогултуп, “мени коргоп бергиле” деп жалынып атат» деп бурмалашат да. Атамбаев дайыма өзүн-өзү коргоп көнгөн”,-деп “ырсаңдап” атпайбы.

Атамбаев “паранойябы?” Ал эмне деген оору

Мына, окурман, сиздерге биз экс-президент Алмазбек Атамбаевдин сүйлөгөн сөздөрүн факты менен далилдеп бердик. Ал кишидей болуп ушак-айың, далили жок жазган да, айткан да жокпуз. Жогорудагы анын жүрүм-туруму, сүйлөгөн сөзүндөгү далилдерди окудуңуздар. Ал жадагалса өзүн каерде кантип алып жүрүштү, эмне деп сүйлөштү билген эмес. Тактыга отурганына сүйүнүп, эйфорияда жүрүп, өз жашоосун гана оңдоп кеткени кашкайган чындык.

Башчылардын бир башкача жүрүм-туруму, кызыктай айткан сөзү өзгөчө тема, аны атайын адистер изилдешет. Бүткүл дуйнөдө бул боюнча жүздөгөн макалалар, көп сандаган илимий эмгектер жазылып, көркөм жана документалдуу тасмалар тартылды. Тилекке каршы, акылынан айныган мамлекетгик башчылар байыркы замандарда гана болбостон, азыр да тирүү экенин көрүп жүрөбүз. Алардын эң жайылган оорусу — бул паранойя.

“Паранойя” деген сөз — байыркы грек тилинен келгенин Википедия билдирет. Которгондо “айныган ой” же “болжолдоп ой-жүгүртүү” дегенди түшүндүрөт. Медицинада калыптаган психоз айтылат, логикага салынганы менен, жиндидей идеялар иретке салынып, акырын өрчүп кете берүүсү. Паранойя менен ооругандар ар кайсыдан шектенип, кадимки эле окуялардан душман издеп, өзүнө каршы жамандык уюшулуп жатканынан шектене баштайт. Бирок башка жагынан а киши кадимкидей ой жүгүртүп, логикасынан шек алдырбайт. Башка психикалык оорулардан айырмаланып, параноиктер максаттуу, утурлай ой жүгүртөт, алардын жүрүм-турумун алдын ала айтса болот.

Оорулунун патологиялык ой жүгүртүүсү реалдуулуктун элементтерин камтыйт, оорулуу ойлору менен кадимки ойлору жуурулушуп, кайсыны кайсы экенин билбей, ошол ойлоруна таянып калат. Башка калыптанган оорулар сыяктуу эле паранойянын күчөгөн жана тынчып калган учурлары бар, алкоголизм бул ооруну козуткан факторлордун бири.

Бул оорунун бир түрү — мегаломдук паранойя же өзүн шумдук сезүү, “Цезарлардын жиндилиги” деген ат менен белгилүү. Мисалы, байыркы учурдагы рим императору Калигуланы алалы. Ал өзүнүн Инцинат деген тулпарын рим сенатору кылып дайындаган. Ошондон тартып, “инцинат” деген сөз колдонулуп келет, кээ бир журт башчылары жиндидей буйрук чыгарып, тармакка тиешеси жок кишилерди кызматка дайындашкан.

Белгилей кетчү жагдай, Алмазбек Атамбаевдин оппоненттери аны дал ушул боюнча кине коюп келишет: өз айдоочусу Икрам Илмияновдун президенттик администрациянын орун басары, мурдагы жансакчысы Улан Исраиловдун Ички иштер министри, дагы бир жансакчысы Болот Сүйүнбаевдин улуттук коопсуздук комитетинин жетекчисинин орун басары, айыл-чарба институнун бүтүрүүчүсү, “Сорос-Кыргызстан» фондунун мурдагы кызматкери, Акаевдин мурдагы пресс-катчысы, күч органдарына тиешеси жок Абдил Сегизбаевдин жогорку кызматтарга коюлганы көп суроо жаратат. Бул эмне “инцинат” эмеспи?

Назира Саалиева, журналист

Булак: «Майдан»

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *