Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Новости » Атамбаевдин тарапташтары «Форумдун» алдына чогулуп жатышат
КООМ

Атамбаевдин тарапташтары «Форумдун» алдына чогулуп жатышат

Бүгүн, 7-октябрда Бишкекте «Форумдун» имаратынын алдына мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулууда.

Учурда ал жакта «Кыргызстан социал-демократтары» партиясынын мүчөлөрү Темирлан Султанбеков жана Кадырбек Атамбаев бар. Молдовановка айылындагы колониядан бошотулган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, УКМКнын коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев жана президенттин аппаратынын мурунку башчысы Фарид Ниязовдо да келишкен.

Алар митингге катышуу үчүн Ала-Тоо аянтына барууну көздөп жатабы деген суроого Темирлан Султанбеков азырынча белгисиз деп жооп берди.

Белгилей кетсек, имаратка 100дөй адам чогулуп, адамдар дагы деле келип жатат.

Имараттын алдында иш-чара баштала элек. Фарид Ниязов журналисттерге билдиргендей, анда экс-премьер-министр Сапар Исаковдун сөз сүйлөйт.

Оставить комментарий