Азамат Арапбаев, ЖКнын депутаты: “Бөлүштүргүч компанияларды сатпасак, энергетикадан айрылабыз”

Жакынкы жылдарда биздеги энергетика тармагы чоң көйгөйгө кабыларын эксперттер кан какшап айтып жатышат. Бирок, өлкөнүн стратегиялык тармагынын бири болгон энергетикага өкмөт тарабынан туура саясат жүрө элек. Тактап айтканда, терең көңүл бөлүнө элек. Жакындан бери бөлүштүрүүчү компанияларын менчиктештирүү керектиги кайрадан көтөрүлө баштады. Биз ушул маселеде эл өкүлүнө үч собол таштадык.

—Азамат Абдуллажанович, эгер энергетика тармагындагы бөлүштүрүүчү компанияларды менчиктештирбесек, чындап эле кейиштүү абалга кабылышыбыз мүмкүнбү?

—Биздеги энергетика тармагы социалдык саясатка айланып калды. Бул өтө жаман көрүнүш. Эгер энергетиканы жакын арада саясаттан алыстатып, ыкчам чараларды көрбөсөк, андан айрылабыз. Анын эң алгачкы кадамы катары, мамлекет өз колуна генерация менен НЕСКти (Кыргызстан улуттук электр тармагын) калтырып, 4 ири бөлүштүргүч компанияны (Север электро, Восток электро, Ош электро жана Жалал-Абад электрону) менчиктештириш керек. Ал жерлерде реалдуу менчиктин ээси болуш керек. Ачык конкурстун негизинде акционердик коомго, ири компанияга же жеке ишкерге сатылышы шарт. Маселен азыр 20 чакты менчик бөлүштүрүүчү компания бар. Алардын баардыгы өнүгүп жатат, кирешеси да көбөйдү. Ал эми төрт ири компания ордунан жылган жок.

—Эгер энергетикадагы бөлүштүрүүчү компаниялар менчикке кетсе тарифтик саясат өзгөрбөйбү, маселен азыр өндүрүлгөн энергия арзан болгону менен жеткирген компаниялар баасын асмандын башына чыгарганы айтылып келе жатпайбы?

—Биздеги электр станциялары өндүрүлгөн энергияны реалдуу рыноктун баасы менен саталбай келе жатат. Мисалы Бишкек ЖЭБинде өндүрүлгөн 1 кВт электр энергиянын баасы 2,5-3 сомдун тегерегинде. Алар азыр 50-60 тыйынга сатып жатат. Айласыздан Ош жана Бишкек ЖЭБин дотациялап жатат.

—Коррупциянын очогу ошол бөлүштүргүч компанияларда деп эмеспи?

—Баардыгында эмес. Тааныш-билиш аркылуу билими жок, тажрыйбасы жетишсиз адамдар башкаруу жана
аткаруу органдарына келип, кемчилик кетирип жатышат. Бирок, акыркы жылдары жоготуулар азайды, кирешеси көбөйдү. Замандын талабына жооп берген акылдуу эсептегичтерди орнотуп жатышат. Өкүнүчтүүсү, Энергохолдингди максатка ылайык иштете албады. Жок дегенде төрт компанияны бир тутумга бириктире албай койду. Мисалы, 4 компания бир эле узундуктагы, бир эле стандарттагы кабелдерди төрт башка баа менен сатып алат. Бул өз билемдик да. Ушундай көйгөйлөрдү Энергохолдинг калыпка салышы керек эле. Бирок жасай албады.

—Азамат ага, учурдан пайдаланып дагы бир суроону узата кетсек, Улуттук банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгуловдун ссудасы, «Промстройбанктын» имаратын кымбат сатып алганы кеңири айтылууда, буга кандай көз караштасыз?

—Биз эски түшүнүктөн чыгышыбыз керек. Дегеним, дүйнөдө топменеджер дегендер бар. Алар атайын окуп,
тажрыйба топтоп, анай чоң суммадагы каражаттарга өз эмгегин көрсөтөт. Толкунбек Абдыгулов дагы ошондой топменеджерлердин бири. Мисалы, башка мамлекеттерде девальвация күчөп, Россиянын акчасы долларга карата үч эсе арзандап, Казакстандыкы дагы түш үп, элге залакасы тийгенде бизди улуттук банктын жетекчиси менен командасы жеңил өткөрдү. Бул алардын ийгилиги. Муну ачык айтышыбыз керек. Ал эми улуттук банктын жетекчиси канча ссуда, канча кредит ала ала турганы боюнча өздөрүнүн жобосу бар экен, ошого ылайык жасаптыр, ал жерде мыйзам бузуу, кемчилик жок. «Промстройбанктын» имараты зарылчылыктан улам сатып алынса керек, менин билишимче биздин банк азыр алтын резервин көбөйттү, ага байланыштуу сактоо жайларынын муктаждыгы жаралды. Ошондуктан башка банктарга кайрылганга мажбур болуп жатат окшойт. Бул дагы мыйзамдын чегинде жасалганына ишенем.

Маектешкен: Камчы Кадыров

Булак: «Мантыш»

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *