Бейшен Болотбеков үлгү тутчу иштерди аркалоодо

Ай башында тажрыйбалуу мамлекетчил ишмер, белгилүү инсан Бейшен Болотбеков тээ бир кездери политехникалык институтта чогуу окуган курсташ, группалаштары менен биргеликте окуу жайды аяктагандарынын 40 жылдык салтанатына катышып, демилгени ишке ашыргандардын сап башында тургандардан. Чогулгандар казы-картага карк тоюп эле баса — беришпей, окуу жайга барьппып, андагы жаштарга үлгү болчу жүрүштөрдү жасашканы маалым болду. Негизи Бейшен мырза табиятынан салт билгендик кылып, жаш муунга үлгү болчу иштерди көп аркалап, ар убак калыс позициясынан тайбай келет. Мамлекеттик жана турмуштук тажрыйбасы бар мындай инсандардын азыркыдай шартта күчүн алсак, бийликке да арка-бел болуп, утуш болмок. Сокур саясаттын айынан кымбат кадрлар убагында баркталбай жатканы өкүнүч туудурат да.

Ийгилик Болсунбаев

Булак: «Азия ньюс»

 

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *