Биргелешкен көзөмөлдөө тобунун 40-сессиясы өз ишин аяктады

Бүгүн, 26-июль күнү, Чолпон-Ата шаарында Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын делегациялары катышкан Биргелешкен көзөмөлдөө тобунун 40-сессиясы өз ишин аяктады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар БКТ 40-сессиясынын Протоколуна кол коюшту, биргелешкен инспекциялык топтор менен өтүү үчүн өткөрмө пункттарын такташты.

Тараптар кызматташтыкты тереңдетүүгө жардам бере турган БКТ 40-сессиясынын жыйынтыктоочу Протоколуна кошумча инструменттерди кошууну макулдашышты.

БКТ 40-сессиясы өз ара түшүнүшүү жана ынак коңшулук деминде өттү.

 

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *