Бишкек-Торугарт айланма жолдунда жол кырсыгы катталды

Чүй районунда 2017-жылдын 30-май күнү саат 09:30 чамасында Бишкек-Торугарт айланма жолдун 48-чакырымында “Хонда Стрим” үлгүсүндөгү мамлекеттик N 92 13 В унаа менен “Гольф 2” үлгүсүндөгү мамлекеттик № I 3846 Z унаасы кагылышкан. Каза болгондор жок. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Окуя болгон жерге КР ӨКМнин №21 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары “Гольф 2” унаасынын ичинен кысылып калган айдоочусу менен жүргүнчүнү чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп  беришкен.

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *