Бөдөш Мамырова, экс-депутат: «Илмиянов Дача-СУга кырсык алып келген табышмактуу жүк кимдики экенин билет»

Бөдөш эже, сиз президенттик шайлоо учурунда Улукбек Кочкоровду колдодуңуз эле. Кочкоров азыр Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигин жетектеп жатат. Бул кадр татыктуу орунга барды деп айта аласызбы?

— Мен Улукбек Кочкоровдун дараметин, билим деңгээлин, жөндөмүн, элге кылган кызматын 5 жыл бою Жогорку Кеңеште бирге чогуу депутат болуп иштегенде байкап, ал президенттикке аттанып жатканда “Бул балада президенттикти алып кете турган жөндөм бар” деп айткам. Улукбек Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине барды, бирок мен аны башка орундан көргүм келген. Кочкоровду УКМКнын бир бутагынан, экономикалык кылмыштуулук менен күрөшкөн Каржы полициясынан көрсөм деп ойлогом. Азыркы иштеп жаткан министрликке барам деп өзү суранган эмес болсо керек. Бул маселе боюнча өзү менен жолугуп, кеңери сүйлөшкөнүм жок. Бул министрлик оор тармак экенин жакшы билем. Аялуу катмар менен тагдырдын оор сыноосуна кабылган жарандарыбыз менен ишти алып баруусу керек. Жүктөлгөн милдетти татыктуу тартып кетет деп ойлойм. Өзү дагы баш-оту менен кирип иштеп жатканын көрсөтүүдө.

— Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаевди “туура камалды, ушундай болуш керек эле” дегендер, азыр “Булар саясий туткундар, мыйзамсыз соттолгон, токтоосуз бошотулушу керек” деп экинчи жүзүн көрсөтүп олтурат. Мурунку президент дагы “Булардын иши кайра каралышы керек” деп өзү каматкан адамдарды азыркы бийликке оодарып койгонун кандай кабылдайсыз?

— Муну экс-президенттин чагымчылдык ыкмасы деп айтам. Ал “Булардын иши кайра каралып, акталышы керек” деп айтып жатпайбы. Текебаевдин ишин соттук 3 инстанциядан шашылыш өзү бүтүрүп кетпеди беле. “Кокустан, мен бийликтен кеткенден кийин Текебаевдин иши Жогорку Сотто каралбай калып кетсе, ал акталып чыгып, элге кошулуп алышы мүмкүн” деп шашылып үчүнчү инстанцияга чейин жеткизил кеткен. Андыктан, экс-президенттин акыркы билдирүүсү айласы жоктун иши. Адам кылган иштеринин терс жактары коомчулукка көрүнүп калгандан кийин, айласын таппай, өзүн алсыз сезип калганда актанып, өзүнө коргонуу издей баштайт. Бүгүн экс-президент ушундай абалга туш келип. калды. Болбосо, Садыр Жапаровдун, Өмүрбек Текебаевдин темир тор артында олтурушуна ошол кишинин түздөн-түз көрсөтмөеү болгон эмес дегенге көпчүлүк ишенеби? Экс-президентжок эле дегенде “Текебаевдин иши боюнча деталдарын карап көрсө болот экен. Мен дагы деле аны миллион доллар алды деген ойдо турам. Бирок, мыйзамда түшүнүк менен эмес, далил менен мойнуна коюш керек экен. Текебаевдин иши канчалык деңгээлде далилденгенин карап чыкса болот” деп койсо түшүнүктүү болот болчу.

— “Ар-намыс” фракциясы парламентте бөлүнгөндөн кийин Феликс Куловду саясий банкрот деп эсептегенбиз. Атамбаевдин фракциясы эле эмес, партиясы чар-жайыт болуп, азыркы абалы Куловдукунан дагы начар болуп турат. Аны толугу менен саясий банкрот болду деп айтуу туура эле болобу же кайра “тирилип” өз ордун таба алабы?

— Азыркы абалынан кандай жол менен “тирилип”, кайсыл жол менен чыгаары Атамбаевдин өзүнүн саясаттагы тажрыйбасынан, эркинен көз каранды. Бирок, ал бүгүн саясий банкротко туш болду. “Ар-Намыс” парламентте гана банкротко учураган. Партия болсо толугу менен Куловдун артында турган. Куловду кимдер саясий банкротко учураткан? Партиялык тизмеге кечээ күнү эле келип киргендер. Ал эми партиянын тузун татып, түптөлгөндөн бери бирге жүргөндөр Куловдун жанында калган. Партия же фракция болобу ошондой кризиске туш келип калганда, лидердин ролу абдан чоң болот. Лидер ошол абалдан кантии, кандай жол менен чыгып кетүүнү ойлонушу керек. Мүмкүн, алдыга чуркап баратып, артка эки кадам таштаармын деген чечимди ошол киши кабыл алат. Атамбаевде ушундай ыкма болгон жок. Азыркы абалды алдын ала сезиши керек эле. Башынан бери өзү менен чогуу жүргөн Сагынбек Абдрахмановго тоготпогондук мамиле кылып, ушунун колунан эмне келет эле деп койду. Кырдаал күтүлбөгөн ар кандай нукка бурулуп кетишин аңдабады. Атамбаев лидер катары партиянын абалын кризиске жеткизбей, же кризис учурунда чыгып кетүүнүн жолун алдын алып ойлонушу зарыл болчу. Ал киши менден эч ким партияны тартып алганга дарамети жетпейт деп ойлонбой койду.

— Бизде шайлоодон шайлоого чейинки партиялар гана өмүр сүрүүдө. СССРди дүйнөдөгү күчтүү империяга айланткан Компартия болчу. Компартия кыйраганда СССР жок болду. Бүгүн Кытайды улуу держава кылып турган Компартия. Бизде элдин башын бириктирген, мамлекетти кубаттуу кыла турган партиялар кайсыл жагдайдан улам жаралбай жатат?

— Чындыгында эле бизде ошондой түптүү партия түзүлө албай жатат. Түзүлүп келаткан партияны дагы күнүмдүк кызыкчылык үчүн күчтүү лидерди башкартпай жатышат. Лидер болсо партияны шайлоо менен гана чектеп коюуда. Партия сөзсүз шайлоого катышып бийликке келиши керек. Парламенттик башкарууга өткөнүбүздөн кийин партиялар шайлоо менен тыгыз байланышта болуп калды. Бирок, шайлоодон тышкары да партиянын эл менен жашап кетүү климаты болушу керек. Ошондой климатты партия лидерибиз дегендер түзө албай жатышат. Туура, бизде азыр шайлоодон шайлоого чейинки партиялар түзүлүп калууда. Ал эле эмес, кийинки шайлоого катышып калайын деп шашылыш түрдө партияны каттоодон өткөзүп, эл ошол партиянын түптөөчүсү ким экенин тааный электе шайлоого катышып, Жогорку Кеңешке келип олтуруп калууда. Ошол партиянын идеясын элге жеткизбей, кухнясы кандай экенин билбегендер партиянын баркын билеби? “Ар-Намысы” дагы ошондойлор бөлүп-жарган. Бүгүн ошол адамдар “Ар-Намыстын” катарында барбы? Алар азыр КСДПда,“Ата-Мекенде” олтурушат. Лидерликти талашып, лидерди банкрот кылабыз дегендер кийинки шайлоого ким менен чогуу болсом деп партия издеп жүрүшөт. Ушундай адамдар туруктуу партияны түзө алышабы? Ошондой адамдар менен түзүлгөн биздин партиялар СССРди кармап турган Компартия же Кытайды улуу державага айланткан Компартия боло алабы? Тескерисинче, партияны ыдыратып, банкротко учураткандар дагы ар кайсыл партияга кире качкан ошол шуулдагандар. Компартия ыдырады, бөлүндү, улуу держава жоюлуп кетти. Бирок, партиянын идеясына сугарылгандар, негизин түптөгөндөр өмүрүнүн акырына чейин партия кылып алып жүрүштү. Анын бири Абсамат Масалиев өмүрүнүн акырына чейин Компартия деп жүрдү. Ал киши “Компартия чөгөлөдү, кризиске батты, булар эми чыга алышпайт” деп ар ким өз алдынча партия түзүп баштаганда, анын идеясына сугарылган адам катары кайра аренага алып чыкты. Партияны жетектеп Жогорку Кеңеште олтурду. Бүгүн ошондой адамды көрүп жатабызбы? Жок. Өзү түптөгөн партияны таштап, эртең кайсыл партия бийликке келет экен деп чуркап жүрүшпөйбү. Партияны бийликке алып келүү үчүн алгач негизи бар партия кылыш керек. Партия түзүп алып бийлик издеп жүрбөстөн.

— Партияны, лидерди саясий банкрот кылгандар күн тийген жакка кире качкан ойнооктор деп жатабыз. Атамбаев бийликтен кеткен соң, бүгүнкү президенттин короосуна кире качкандар бийликтебиз деп жатышпайбы. Эртең ошол адамдар Жээнбековдун тагдырын дагы туңгуюкка алып барышабы?

— Андай болбойт деп кепилдик бере албайм. Анткени, биздин коом ошондой адамдар менен толукталып жатат. Кечээ эле Атамбаевдин көзүн карап тургандар, бүгүн башкача сөз сүйлөп жатышат. Бир эле мисал айтайын. Ал адам капа болсо боло берсин, акты ак, караны кара деп чындыкты айтып жатам. Абактагы Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаевди колдогон митинг болду. Ошол жерде Садыр Жапаровдун жактоочусуна сөз бербей, Жогорку Кеңештин депутаттары сүйлөп жатты. Жанагы бала сахнага чыгып сүйлөйм дегенде депутат Каныбек Иманалиев “Бул Атамбаевдин жиберген провокатору. Муну чыгарып койгула!” деп айтты. Каныбек Иманалиев Атамбаев президент болуп турганда Ак үйдүн жетинчи кабатынан парламентке чуркап турган “жетим жүгүрүк” болчу. Бүгүн болсо “Атамбаевдин провокатору” деп кыйкырып жатат. Мен айтат элем, Атамбаев президент болуп турганда парламентке жиберген провокатор Каныбек Иманалиев эле. Ал адамды ошол кезде “Ата-Мекен”, “Ата Журт” партиясынан, ал турсун “Ар-Намыстан” депутат болуп келгенине карабай, ал партиянын табияты кызыктырчу эмес. Иманалиевдин көңүл чордонунда Ак үйдүн жетинчи кабатынан соккон жел, ошол жактан чыккан шыбыр турчу. Иманалиев “Атамбаевдин провокатору” деген бала ошол жерде абдан жүйөөлүү сөздү айтты. “Мен Кара-Кулжадан болом. Бул жерге Садыр Жапаровдун “Мекенчил” партиясынан келдим. Ушул жерде эл чогулуп жаткан соң жалпы улуттун маселесин көтөрөйүн деп келгем. Мага ушул жерде гана трибуна, микрофон бар. Депутаттарда микрофон, трибуна турбайбы! Силерди элдин үнүн, адилетсиздикти, мыйзамсыздыкты, биздин саясий туткунга түшкөн атуулдарыбыздын маселесин күндө ээн-эркин сайрап турсун деп шайлап койгонбуз. Эмне үчүн ушул жерде менден трибуна талашасың?” деп кандай уят кылды. Эгер Атамбаев бүгүн бийликте турганда Каныбек Иманалиев ошол баланы “Атамбаевдин провокатору” деп айта алат беле? Эртең Иманалиев ушул эле сөзүн бүгүнкү мамлекет башчынын дарегине буруп айтпайт деп ким кепилдик бере алат? Мен андай кепилдик бере албайм.

— Текебаевди колдогон митингге келген “Ата-Мекен” фракциясынын депутаттары лидери Текебаевге “Мына көрдүңүз, биз элдин алдына сиздин маселеңиз боюнча чыктык” деп берген отчётуна окшоп калды. Сиз кандай анализ жүргүздүңүз?

— Мен дагы дал ушундай ойдо калдым. Мен дагы ошол жерге бардым. Трибунага суйкайып чыгып алып, кооз сүйлөйүн деп барган жокмун. Эки саясатчынын тең сотуна катышайын деп баргам. Садыр Жапаровдун сотуна катышып, ишти артка жылдыргандан кийин, Текебаевдин иши саат төрттө каралат дегенде, эл менен чогуу митингде жүрдүм. Трибунага чыгып, сүйлөп жаткан адамдарды көрүп, ушулардын катарына туруп, трибунадан сүйлөбөйм, өз оюмду айта турган аянтчам бар, ушул маселе боюнча пикиримди айтам десем эркин маалымат каражаттары каршы болбойт деп басып кеттим. Текебаев эркиндиги чектелип, ушул сот процессин күтүп олтурат. Элдин алдына чыгып сүйлөгөндөрдүн бирөөсү да элге Текебаевдин иши боюнча деталдаштырып айтып бергенге жараган жок. Башкы прокурор болуп иштеген Аида Салянова айтса болот эле. “Атамбаев илгертен эле мультимиллионер элем, аркамды карасам Текебаев мага жармашып келе жатыптыр, демек ал Маевскийден миллион доллар акча алган окшойт” деген түшүнүгү менен камалды” деп ошол айым айтса жарашмак. Текебаев түшүнүк менен камалып олтурат. Сотуна катышып,“Чын эле миллион долларды мен алып келип колуна бергем” деген бирөө чыгабы, кантип анын акча алганын далилдейт дегенге жооп алганы баргам. Чындыгында, Текебаевдин күнөөсүн мыйзам чегинде далилдей алышкан жок. Садыр Жапаровду болсо мыйзамды тебелеп, жөн эле алып барып камап коюшкан. Жапаров “Кумтөрдү” көтөрүп чыкканы үчүн абакта олтурат. Эл алдына чыгып сүйлөгөн депутаттар, көрүнүп калайын деген аракетин кылышты. Текебаев баарын түшүнүп олтурат. Ал үчүн депутаттардын ошол жерге барып сүйлөгөнү экинчи планда.

— 2017-жылы экөөбүз маектешкенде Сооронбай Жээнбековдун биринчи Указы боюнча талкуу кылып, Атамбаевге Баатырлыкты шашып берип жиберди деген элек. Ушул кезге чейин Атамбаев “Баатыр” боло элек. Эми “Баатырлыктын” бактысы эмне болот?

— Өзүбүздүн менталитетке салып жалпактил менен айтканда хандын сөзү эки болбошу керек. Указ элдин көзүнчө жарыяланып калган. Ошондо эле кичине шашып койду деп айткам. Туруп турса болмок. Бирок, жаңы президенттин толкундануу менен айткан Указынан Атамбаев өзү дагы 6 жыл мамлекеттин башында олтурган, ак-караны башынан өткөзгөн адам катары “Мага элимдин берген баасынан жогору наам жок. Мен ыраазымын” деп баш тартып койсо жарашмак. Хандын сөзү эки болбойт деп эми “Баатырлык” бериле турган болсо, ала турган адамдын былык иштери чыгып жатса, кайсыл жол менен берилетдеп көп ойлоном. Бишкек ТЭЦтин автору өзү экен. Азыр Батукаевдин иши, Дача-СУ маселеси кайра жанданды. Бул иштердин баары ачыкталып калса азыркы президент кантип тапшырат да, мурунку президент кантип алат? Эгерде бербей койсо элдин көзүнчө айтылып калган Указды ким жокко чыгарат?

— Президент Жээнбеков “Менин президенттик мөөнөтүмдөгү приоритеттүү багыт өлкөнү санариптештирүү болот” деп айтты. Өлкө башчысы 6 жылдык мөөнөтүндө аткарып кетчү эң негизги багытын айтып жатса, ал ишти аткара турчу адамдары залда укташты. Уктаган команда менен президент келечектүү ишти калган мөөнөтүндө аткарганга жетишеби?

— Ар бир адам бурмаланбаган маалымат менен түз кабардар болушу зарыл. Жеткен маалымат менен коомго аралаша алат да. Өлкөнү санариптештирүүнүн милдети дагы ошол. Президент ушул маселени айтып жатканда, аткара турчу адамдардын уктап калганы дагы деле кадр саясатына барып такалат. Санариптештирүү деген эмне? Эмне үчүн муну президент көтөрүп жатат? Бизге бул программа эмне алып келет?-деген түшүнүктүн жоктугунан уктап олтурушат. Алар санарип деген эмне экенин түшүнүшпөйт. Жакшы окуган студенттер лекция маалында жанталашып жазып, угуп алайын дейт. Түшунүгү жоктор уктайт. Экс-президенттин Апрель”телеканалы азыр буйдалбай учурду кармап, ар бир маалыматты учурунда берип жатат. Аракеттеги президент менен экс-президент тирешип турганда, экс-президентке тийешелүү маалымат каражаттары мамлекет башчынын аракетине көз салып турат да. Ошондой учурларды коё бербейт. Ал эми учурдагы президенттин маалымат кызматы толугу менен бир жолу ушул маселеде реакция кылганын эч ким байкаган жок. “Фейсбукта” ушак жазып олтурат. Президенттин маалымат кызматын анализ жүргүзө ала турган адам башкарышы керек. Бүгүнкү маалымат кызматынын башчысы өзүн Жээнбековдон кийинки эле адам катары сезет. Маалымат каражат деген “Апрель” телеканалындай иштеши керек. Алар абдан жогорку темп менен иштеп жатышат. Мен президенттин маалымат кызматынын ушул окуяга жасаган реакциясын эле эмес, өлкө башчысы аткарып жаткан иштерге анализ жүргүзүп, элге жеткизгенин көрө элекмин. Путиндин маалымат катчысы Путинди бул жакка олтур деп колун жаңсап олтургузуп жатканын бир жолу көрдүңөрбү? Мен биздин президенттин маалымат катчысы Сооронбай Жээнбековду бул жерге олтуруңуз деп колу менен көрсөтүп, туруп басып баратканда, жолду көрсөтүп бул жакка басыңыз деп жол көрсөткөнүн көрдүм. Протокол деген болушу керек да. Бул анын иши эмес. Президенттин артында туруп сүрөткө түшөм, элге көрүнүп президенттин катарында басам, же болбосо президентке жол көрсөтүп, президент үчүн өзгөчө персона экен деген түшүнүктү таштайм деген маалымат катчынын иши болбошу керек. Анын милдети өлкө ичиндеги эле маалымат эмес, дүйнө жүзүндө болуп жаткан маалыматтардын деңгээлинде ой жүгүртүп, ага даяр турушу зарыл.

— Атамбаев өз баласындай көргөн Икрам Илмияновдун абакта жатканы тууралуу такыр ооз ачпай койду. Экөөсүнүн мамилесин эмне деп божомолдойсуз?

— Биринчиси, Илмияновго козголгон кылмыш ишке Атамбаевдин салымы жок окшойт. Экинчиси, бул киши Илмияновдон таарынып калган деп айткандардын чындыгы бардай. Илмияновдон үмүтүн үзүп, азыр андан кооптонуп турат деген сөз бекер айтылбай жатат. Анткени, экөөсү чогуу жасаган калпыс иштерин Илмиянов болгонун-болгондой айтып берип жатат, ошон үчүн Атамбаев андан таарынып жатат деген чын болушу ыктымал. Бирок, аны “Сатып кетишти, саткындар” деп айткан адамдардын арасына кошо элек. Жакынкы убактарда “Эң жакын адамым деп эсептеп жүргөн “шоопурум” дагы сатты” деген сөздү угуп калышыбыз мүмкүн.

— Илмияновдун кармалып, Россиядан тездик менен бул жакка алынып келиши да шек жаратат. Орустар башка кылмышкерлерди мынчалык тездик менен кармап, өткөрүп бербейт болчу. Атамбаевдин командасы көп сырды билген киши катары Илмияновду жок кылып койбосун деген мааниде бул жакта кармап олтурган жокпу?

— Илмияновду көп маалыматты билген, негизги чордондо турган фигура деп эсептеш керек. Ал Атамбаевдин жанында абдан көп жүрдү. Атамбаевдин элге белгисиз болгон, жадагалса тегерегинде жүргөн адамдар билбеген бир топ иштерин Илмиянов билет. Экс-президенттин тегерегиндеги ызы-чуунун баарын казып, анык жүзүн элге көрсөтөм десе, бийлик Илмияновду катуу кайтарууга алууга туура келет. Батукаевдин өлкөдөн чыгарылышы, айрыкча Дача-СУ боюнча иштин кайра жанданышынан Атамбаев “Илмиянов тараптан соккон шамал эмеспи” деп шек санап турат.

— Андай болсо, Атамбаевдин эң жакын адамдарынын бири Абдил Сегизбаев УКМКны башкарды. Сегизбаевдин кишилери азыр деле ал тармакта иштеп жатат. Илмияновду УКМКнын СИЗОсунда эле жок кылып коюу мүмкүнчүлүгү бар да?

— Сегизбаевдин адамдары дагы деле УКМКда иштеп жатканы туура. Бирок, бүгүн Сегизбаев өзү Атамбаевдин жанына жакын жолобой, нейтралдуу болууну каалап турат. Ошон үчүн Илмиянов Атамбаевге каршы көрсөтмө берип жаткан учурда, анын көзүн тазалап коюу үчүн команда бергенге жарайт дегенге ишенимдүү болуш кыйын. Сегизбаев дагы Атамбаевди оттон-чоктон алыстатып, убагында бул адам дагы мага жакшылык кылды эле деген позициядан алыстай сезилет. Илмиянов Дача-СУга кырсык алып келген табышмактуу жүк кимдики экенин билет. Бул ишти алып чыгууда тергөөгө Илмияновдун кереги тийет.

— Экс-президент 6 жылда кандай иштерди жасаганын өзү топтогон командасы ачып берди. Бүгүнкүдөй абалга алып келген дагы өзүнүн ишенген адамдары болду. Бүгүнкү президенттин түбүнө кимдер жетиши мүмкүн? 6 жыл мурунку президенттин командасында жүрүп, реформа дегенден алыс болгон кадрлар менен өзгөртүү жасоо мүмкүнбү?

— Эгерде бүгүнкү президент дагы Атамбаевдей болуп, ошондой былык иштерге аралашса, Атамбаевдей болуп коррупциялык иштерден кабардар болсо, айлана-тегерегиндегилер эле жетет. Атамбаевдин бүгүнкү тагдыры көп чиновниктерге, коңшу өлкөнүн мамлекет башчыларына дагы сабак болду. Ушундай саткынчылар ар замандагы бийликтин тушунда болот экен. Ошон үчүн команда түзгөндө дагы ачык иштейин, эгер былык иштерди жасасам, өзүмдүн эле ишенген адамдарым кийинки бийликке жеткизип коёт экен деген ар бир мамлекет башчынын, ошол эле Сооронбай Шариповичтин дагы башында турат. Бул жагынан алып караганда азыркы президент Атамбаевге окшоп былык иштерге сүңгүп кирбейт. Андайга өзүнүн ыйманы дагы жол бербейт. Бүгүнкү кырдаал дагы ар бир кадам сайын эскертип турат. Азыркы президент Атамбаевден калган 80 пайыз кадрлар менен бүгүнкү кырдаалдан чыгып, жасайм деген реформаларын иш жүзүнө ашырса рахмат айткандан бөлөк сөз айта албайбыз. Мамлекет башчынын кандай ою, алдыга койгон максаты бар экенин күн сайын кирип сүйлөшкөн жакын адамы болбогондон кийин билбейм. Туура, 6 жыл мурунку президент менен чогуу иштеп, реформа жасабаган адамдар менен иштешип жатат. Алар кандай багытта иштеп, кандай позицияны карманып жатканын да билбейм. Мүмкүн күндүзү Сооронбай Шарипович менен түндө Кой-Ташта мурунку шефи менен жүргөндүр. Азыр ошондой эки жүздүү чиновниктер, саясатчылар пайда болду. Айрыкча, Атамбаевдин партиясы экиге бөлүнүп, өзү шайлоого барам деп күпүлдөгөндөн кийин, кээ бир адамдар “Муну менен бир кемеде болсом, кокус эртең анын кемеси келип калса эмне кылам? Эки жактын тең көңүлүн алып турайын. Бир колум Шариповичте, экинчи колум Шаршеновичте турсун” дегендер толтура. Ошондой адамдар менен алыска бара албасыбыз мага караганда мамлекет башчысына көрүнүктүү болуп турат.

— Маегибизди саясий аренадан такыр көрүнбөй кеттиңиз деп баштадык. Кийинки жылы парламенттик шайлоо. Кайрадан саясий майданга аттанып чыгайын деп даярданып жатасызбы?

— Бүгүн эле шайлоого көп партиялар даярдыгын көрүп жатышат. Мага дагы сунуштар болуп жатат. Парламентке биринчи жолу бара жатсам, эки жагын байкаштырбай эле чакырыктарды кабыл алышым мүмкүн эле. 5 жыл парламентте өз оюмду тайманбай билдирип, агын ак, карасын кара деп айтып, океанда жүргөн балыктай эле иш жүргүздүм деп айта алам. Ошондуктан, жүр деген сунушту ээрчип парламентке бара бербейм. Албетте байкаштырып жатам. Кандай команда менен барам, парламентке барганда менин ордум кандай болот, бешинчи чакырылыштагыдай болуп өзүмдү океанда сүзгөн балыктай сезип, оюмду эркин айталамбы деп, жети өлчөп бир кесейин деген ойдомун. Эгерде ошондой атмосфера түзүлбөй турган болсо, ошондой команданы көрө албай турган болсом, парламентке барганга көп ашыкпайм. Ал жерге барып, унчукпай олтурсам тумчугуп кетем.

Маектешкен: Темирлан Токтоболотов

Булак: «Жаңы Ордо»

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *