Боом капчыгайындагы көйгөй өкмөттө каралды

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-августта, Боом капчыгайындагы унаа жолу боюнча коопсуз өтүүнү камсыздоо маселеси боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кеңешмеге өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаровдор катышты.

Премьер-министр белгилегендей, быйылкы жылдын 5-майынан 3-августуна дейре Боом капчыгайындагы «Бишкек-Торугарт» унаа жолунда 19 ирет жаратылыш кырсыгы катталган, анын ичинде – 7 таш кулоо (биринде адам өлүмү орун алган) жана 12 ирет сел жүргөн.

Министрликтердин жетекчилери маалымдагандай, аталган жол тилкесинде кызматтар мобилдүү иш алып барып, атайы техникалар такай күзөтүп, Ички иштер министрлигинин патрулдук кызматы иштөөдө.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдиргендей, Боом капчыгайында 94 сел жүрүүчү, 16 борпоң жана 2 жер көчкү коркунучу бар тилкелер аныкталган. Анын катарында 17 сел коркунучу бар, 3 борпоң топурактуу жана 1 көчкү түшчү тилке өзгөчө кооптуу саналат. Аталган тилкелерде жакынкы мезгилде кооптуу процесстердин орун алуусу ыктымал.

Транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров маалымдагандай, Боом капчыгайындагы нөшөрлөгөн жаандан улам жолдун 136-140 чакырымындагы жол тилкелердин суу астында калуу себебин иликтөө максатында комиссия түзүлгөн. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча жол конструкциясындагы кемчиликтерди жоюу боюнча тийиштүү чечим кабыл алынат.

«Акыркы кездердеги жаратылыш кырсыктарынын көп орун алуусуна жана калктын кооптонуусуна байланыштуу Боом капчыгайы аркылуу өтүп жаткан жарандардын коопсуздугун камсыздоо, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, жана калкты алдын-ала ыкчам маалымдоо иштери  боюнча тийиштүү чараларды кабыл алуу зарыл», – деп белгиледи Жээнбеков.

Премьер-министр аба-ырайынын шартын эске алуу менен Боом капчыгайындагы кооптуу тилкелерди мониторингдөөнү, чыңдоо иштерин күчтөндүрүүнү, алдыда күтүлүп жаткан кооптуу жаратылыш көрүнүштөрү тууралуу жарандарды ыкчам маалымдоо жана адамдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча үч министрликтин аракеттерин координациялоо тапшырмасын берди.

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *