Чаткалда эл үчүн күйгөндөр чын эле элдик адамдарбы же көздөгөнү бийликпи?

Кыргызстандагы алтын кендердин пайдасын четтен келгендер менен саналуу адамдар көрүп, элге зыяны гана калып, алтындын чуусу тынчыбай келгени талашсыз. “Кумтөргө” ушул кезге чейин чекит коюлбай келет. Өлкөдөгү чачылма алтындын 80 пайызы Чаткал районунда деп аталат. Чачылма алтын казуу башталгандан бери Чаткалда дагы абал тынч эмес.

Редакциябызга Чаткал районунан келдик, айта турган арыз-муңубуз бар деп, арыз көтөрүп алган адамдар келген экен. Алардын айткандарын угуп, Чаткалдагы абалды, фирмалардын алтын казып, экологияны талкалаган жерлерди өз көзүбүз менен көргөндөн кийин көрөлү деп узатканбыз. Өткөн жума Чаткалга барып, жергиликтүү эл менен жолугуп, алардын үнүн угуп, элдин ынтымагын бузуп жаткандар, өздөрүн элдин адамыбыз деп көрсөтүп, алтыны бар жерлерди казышып, иш токтогон соң жерди бомба түшкөн абалда калтырып кеткенин көрүп келдик.

Күйүтү күч болуп турган калк эки адамга болгон нааразычылыгы күч экен. Чаткал районунда аким болуп иштеп кеткен Акматбек Таласбай уулу менен Абдыкеримов Умарды элдик жыйынга чакырып, жасап жаткан иштери элге зыян гана алып келгенин айтсак дегенде эки көзү төрт. Акматбек Таласбай уулу Чаткалга келбейт дешти. Бишкекте жатып эле ишти бүтүрө берет экен. Умарды дегени активистпиз дегендерди чогултуп, район акимин алып түшкөнгө аракети күч деп айтышты. Кызыгы, акимчиликтин аппарат башчысы Козубай деген да ушул адамдарды акимчиликте топтоп,  элди мыйзамсыз ишке түрткүлөп, прокурорду коррупционер дегени эл арасына тарап кетиптир. Кыскасы, Чаткал районунда аким болом дегендердин интригасы күч алып турган убак экен.

Арыз-муңун айткан карапайым эл Курулуш айылынын тургуну Абдыкеримов Умар жана Жаңы-Базар айылынын тургуну Акматбек Таласбай уулу иштеткен “Кальтон” жана “Архар-Лачын” фирмалары суу боюндагы дарактарды жок кылып, айылга жакын жерлерди казып, рекультивация кылбастан таштап кетип калышкан. Күнүмдүк жашообузга жарап жаткан малыбыз ошолор казган аңга тыгылып, азапты айыл эли тартып жатабыз деп кейиген. Айылдыктар арызданганчалык эле бар экен. “Кальтон” фирмасы казган жерде кайың токою талкаланса, “Архар-Лачын” казган жер аң болуп жатат. Ал жерде рекультивация иши такыр жүргөн эмес. Биз барганда казылган аңга суу толуп, мал эмес, адам түшүп кетсе чыга албай тургандай болуп калыптыр.

Таласбай уулу Акматбек райондун акими болуп турган кезде алтын казган чоң-чоң 6 фирма нааразы болуп кат жазышыптыр. Кызматта турганда район үчүн күйбөгөн адам, эми эмне иш кылмак эле(?) деген кыжырдануу элде күч. Ким элге күйүп жатканын, ким бет кап кийип, чыныгы жүзүн элден жашырганын, жергиликтүү жашоочулардын айткандарын окуган окурман өзү түшүнсө керек.

Жылдызбек Абдамитов, Курулуш айылынын Арал участкасынын тургуну:

— “Кальтон” токойду талкалагандан башка иш кылган жок. Токой калбады. Чоң көпүрөдөн өткөндө аң болуп, рекультивация жасалбай жатат. Ушул жерге келишкенде, көпүрөнүн жанын аң боюнча таштап кеттиңер десем, “Ал жер биздики эмес” дешти. Ак-Булак участкасындагы алтын чыккан жерди сатышты. Ошол жерде мен иштетип жаткан 3 гектар токой бар. Бир жылдык чөптү ала албай калдым. 5–6 баланы чогултуп, чөп чапканы барсак, кызыл ашыктан жогору суу каптап жатыптыр. Ошол жерден эң аз дегенде миң боо чөп алат элем. Булардын элге пайда алып келгенин көргөнүм жок. Эл зыянын гана көрүп жатат. Ачык эле айтыш керек, Жаңы-Базар айылынан Таласбай уулу Акматбек, Курулуш айылынан Абдыкеримов Умар, Сумсардан Мавлянов Муса деген үчөө алтынга лицензияларды алышып, аны кытайларга сатып, жаратылышты жок кылып жатышат. Таласбай уулу Акматбек менен Абдыкеримов Умар иштеткен “Кальтон” фирмасы алтын казган суунун жээги мурун токой болчу. Токойго түшүп эс алып турчу элек. Жалган десе, 1-майда ушул жердеги токойдо эс алган видеобуз бар. Азыр элдин малы тыгылып калып жатат. Жакында эле чоң уй тыгылып калып чыгара албай, тракторду алып келип чыгарганбыз. Булардын ишин айткан адамдарга ар кандай ушак сөздөрдү жармаштырып жүрүшөт. Мен тууралуу дагы акча алып алган деген ар кандай сөздөрдү чыгарышты. Бирөөнүн 5–6 сомуна күнүм түшүп калган адам эмесмин. Жашоом Кудайга шүгүр. Эгер ушулардын акчасына күнүм түшүп калган болсо, бул жашоодо жашабай эле коюшум керек. Өткөндө Жогорку Кеңештин депутаттары келишип, эл менен жолугушту. Тоо-кен боюнча сөз болот дегенди угуп, биздин аймакта болуп жаткан башаламандыкты айтайын деп бардым. Ал жерде эл эки тарап болуп кетиптир. Азыркы акимдин бир жерден тыйын жеп койгонун көргөнүмдө, ушул жерден жебедиң беле деп эл алдында бетине эле айтмакмын. Жыйында менин алдымда Умар чыгып сүйлөдү эле, мен чыгып лицензияны алышып, кайра сатып жаткан ушул кишилер деп айттым. Экологиябыз бузулуп, токойлорубуз жок болуп жатат, чаң учуп мөңгүлөргө чейин жетти, үйлөргө чейин чаң басат. Түнү менен токтобой иштешкен. Чыдабаганыбыздан балдар топтолуп бир түнгө араң токтотконбуз. Ошондо Акматбек Таласбай уулу сүйлөшөт элем деп чыккан. Телефондо сүйлөшпөйбүз, элге келсин, ошондо сүйлөшөбүз деп айтканбыз. Келип анда алдап кеткен. Жолуңарды оңдоп беребиз деп убада беришкен. Жол ошол эле бойдон оңдолбой жатат. Өкмөткө 1 млн сомдон ашык акча беришкен деп уктум. Булар 8 млн сом акча беребиз деп айтышкан. Мен билгенден аны деле бере элек. Менин күйгөнүм эртең бала-чакабызга кала турган жер талкаланып жатканына намыстанам. Эгер мен бир эле кайыңды кырка турган болсом, не деген айып салышат эле? Булар токойду жок кылып жиберишти.

Нуржамал Таласбаева, Жаңы-Базар айылынын жашоочусу:

— 2–3 жылдан бери Чаткал районунун мурунку акими Акматбек Таласбай уулу, Абдыкеримов Умар адамдарды уюштуруп, арызданып жүрүшөт, айыл өкмөткө текшерүүчү келди деп угуп жүргөнбүз. Кечээ жакында Рыскелди Момбеков, Эльвира Сурабалдиева деген депутаттар келип, эл менен жолугушат дегенди угуп, айыл өкмөттө аялдар кеңешинин төрайымы болгондугумдан аялдардын атынан баргамын. Ага чейин интернет сайттардан Абдыкеримов Умардын “Президенттин тоо-кен тармагы боюнча өткөргөн жыйынынан кийин деле Чаткал районунун акими экологиялык абалга көңүл бурбай жатат” дегенин окудум эле. Азыр өздөрү иштеткен Ак-Булак участкасындагы жердин абалын көрүп жаман болуп турам. 9-класста окуп жатканымда ушул Ак-Булакта Орозбай деген чабандын колунда сахманда болгом. Ушул жерлерге кой жайып келчүбүз. Чаткалдын өзүнүн адамдары жерди талкалаганын көрүп ыйлагым келип атат. Экологияга көңүл буруп иш кылган Умар менен Акматбектин иштеткен жерлеринин абалы ушул экен. Чаткал ачкачылык болгон кезде элди сактап калган жер деп айтылат. Элинин да ынтымагы көп сөз болчу. Азыр ушуга окшогон эл бузарлар элди жаат-жаат кылып бөлүп салбадыбы. Мен бул адамдарды эл бузарлар деп эле айтам. Акматбек Таласбай уулуна аябай нааразымын. Бул жигитке кылмыш иши козголгон. Биз менен соттошкон. Балаңды өлтүрүп кетем, үйүңдү өрттөйм дегенге чейин жеткен. Элдин ынтымагын бузгандар өзүбүздүн балдар болуп жатканына өкүнөм. Ынтымагыбыз жоктугунан райондон парламентке бир депутат чыгара албай жатабыз. Кечээ келген депутат Момбеков тамаша-чын аралаштырып, “Биз силерге арендага келген депутаттарбыз” дебедиби. Ынтымакта болгонубузда көп иш бүтмөк. Азыр иштеп жаткан фирмалар Акматбек аким болуп турган учурда дагы иштеген, соцпакет деп акча бөлүп турган. Анын учурунда райондо бир мектеп же бир бала бакча курулган жок. Азыркы акимди деле жүз пайыз жакшы иштеди дебейм. Анын да кетирип жаткан кемчиликтери бар.

Акматбек менин иним менен классташ, аны мектепте окуп жүргөндөн бери тааныйм. Бул бала боюнча оюм өтө жогору болчу. Жумагүл Шариповна менин жолдошумду акимдин орун басары болуп иштеңиз дегенде, иштей турган жаш кадр бар, 10 жылдан бери айыл өкмөттө иштейт деп ушул баланы сунуш кылганбыз. Кийин өзүбүзгө таш ыргытып, балаңды өлтүрүп кетем деп билдирүү жазып коркутканынан, 4-класста окуган балабызды көчөгө чыгара албай калганбыз. Атайын кызматка барганымда, прокуратурага кайрылып, иш козготуңуз деген. Прокуратура иш козгогондо дагы мени куугунтуктап жатат деп чыккан. Аксыда болгон сотко 100 адамды, Жалал-Абаддагы сотко дагы 100 адамды жол киреңер, тамак ашыңар бекер деп алып барган. Ошол бойдон тынчып калбастан, азыр дагы ошол ыкмасын колдонуп жатат. Чогулушка барып элге күйүмүш болуп сүйлөгөндөрдүн көбүнүн максаты башка. Акимге таарынычы барлар. Арасында менин баламды жумушка албай койду, 10 миң доллар сурасам бербей койду дегендер бар. Чаткалдан чыгып кеткенине 30–40 жыл болгон адамдар Бишкекте жатып алып ар кандай туура эмес маалыматтарды жазып жатат. Ошол адамдар ушул жерге келип, Чаткалдын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, андан кийин жазышса туура болмок. Акматбек бизди көчүрүп жиберем дегенге чейин барган. Ошондо айткам, Акматбек менин колумдан канча жолу даам таттың, туз урган жаман болот деп. Өзүбүз иче турган ырыскыны сага бербедик беле. Акматбек менен Умар Жаңы-Базар айылына караштуу жерди аң кылып казып, таштап кеттиңер, уялбайсыңарбы! Бул жерди көргөн эл бетиңерге түкүрүп салат. Акматбек жеке өзүңө айтам, элди бузганды токтот.

Бурулбү Танаева, Курулуш айылына караштуу Арал участогунун жашоочусу:

— Ушул айылда 1979-жылдан бери жашайм. Азыр казылып, аң болуп турган жер мурун токой болчу, чөп орчу элек. Токой чарбасы кайыңга тийдирчү эмес. Кайың токойду өткөн жылы Абдыкеримов Умар менен мурун аким болуп иштеп кеткен Акматбек Таласбай уулу экөө кытайларды алып келип, заматта эле оодарып салды.

Күнү-түнү иштеп, алтынын алды дагы, жаап кетишти. Бизге аң болгон сай калды, мал өтө албай тыгылып калып жатат. Кыргызстанга эмне бул жердин кереги жокпу? Биринчи кезекте жерди коргошубуз керек. Биз олтурган жерден алтын чыкса, ал жер дагы казылып кетет деди. Бербейбиз десек, акчасына сатасыңар деди. Акчасына дагы сатпайбыз. Умар “Бул жерлер Акаевдин убагында сатылып кеткен” деп айткан. Акаевдин убагында сатылып кетсе, андан бери 3 президент алмашты, алар биз сатпайбыз дебедиби десек, “Мыйзамга кол коюлуп калгандан кийин эч ким эч нерсе дей албайт” деген. Менин үйүмдө айттык өткөрүп жатканбыз, ошол жерде ушундай сөз болгон. Бизге окшогон бей-бечаралардын балдарын жумушка дагы албаган. Өзүнүн туугандарын иштеткен. Акматбекке Ак үйдөн чыгып жатып, бир баламды араң жумушка киргизген. Умар мени менен бир класста окуган классташ. Мунун колунан эмне келмек эле дегендей мамиле кылат. Өткөндө чогулушка барып, ушунун баарын айттым. Булар айылга эч нерсе салып берген жок. Көпүрөгө грант келсе, аны да Умар жеп койду дешкен. Ушуну билет экенсиңер, бетине айткыла деп чогулушка коңшуму ээрчитип баргам. Көпүрөгө грант келсе аны Умар жесе, Жарты-Сууну талкалап жок кылса, деги бул эмнеге тоёт? Алтындан бизге эч кандай пайда болгон жок. Пайдасын Умар менен Акматбек көрдү.

Абдылдабек Кадыров, Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жашоочусу:

— Мурунку иштеп кеткен акимибиз Акматбек Таласбай уулу Чаткалды көп иштер боюнча артка тартып кетти. Экономист катары айтайын, Чаткал 17 жыл мурун өнүгө турган район болчу. Өзү Бишкекте жатып алып, бул жакка келбей, элди экиге бөлүп жатат. Чачыранды алтынды казуу боюнча 3 жерге лицензиясы бар. Абдыкеримов Умар экөө Чаткал айыл өкмөтүндө Ак-Булак деген жерди каздырып, эл менен жолукканда Умар 8 млн сом соцпакет беребиз деген. Аны бере элек. Экологиялык коркунуч ошол Ак-Булакта. Булар башка фирмаларга ошол жолду көрсөтүп жатышат. Акматбек ушул жерге келип, эл менен жолугушуп, ич күптүсүн айтса болот эле. Ким аким болсо аны жамандап жаза берет. Бир эле адамдын кесепетинен эл бөлүнүп жатат. 13 жыл айыл өкмөт, андан кийин аким болуп иштеп, бүгүн жасап жатканы иши ушул. Келген инвесторлордун баарын качыра турган болду. Акматбек айыл өкмөт болуп турган кезде Эсеп палатасы текшерип, финансылык мыйзам бузууларды аныктаган. Бул иш боюнча өзү кургак чыгып, бухгалтери кесилип кеткен. Аким болгондо дагы финансылык мыйзам бузуу менен иш козголуп, анда дагы бухгалтери күнөөлүү болуп калды. Бул жагынан тажрыйбалуу экен. Анын үстүнөн угушубузга караганда 6 кылмыш иш козголгон. Биз күбө катары да катышып жүрдүк. Мен райондук Мамкатоодо иштеп жүрдүм. Мага дагы көп асылды. Акимге чейин чыгып, ушуну кетирбейсиңби дегенге чейин барышкан. Менин үстүмдөн ар нерсени жазганда бөлөк адамдардын аты менен жазышат да, уюштурган өзү болот. Бул боюнча далилдер бар. Жооп бере турган учур келатат. Сөз жооп беришет.

Абдыкадыр Молдобаев, Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жашоочусу:

— Жогорку Кеңештин депутаттары келгенде арыз жазып, элдин атынан чуркап жүрөбүз дегендер өздөрү мурун кызматта иштеп кеткендер. Элдин атын жамынып алышып, өздөрүнүн мурун жасаган иштерин унутуп калышып, аким, өкмөтүбүз иштебей жатат деп асылып жүрүшөт. Эл ал адамдардын кандай иштегенин жакшы билишет. Бул адамдардын максаты элди экиге бөлүп, эптеп чыр чыгарыш окшойт деп түшүнүп калдым. Жаңы курулган көпүрө урап калды деп чуу салгылары келип жүрөт. Ал көпүрөнүн курулушуна мамлекеттик бюджеттен тыйын корогон эмес экен. Ушул жерде иштеп жаткан фирмалардын бирөө демөөрчүлүк кылган. Чуу салган адамдардын башында турган адамдар акимдикке өздөрүнүн адамын алып келүүгө аракет кылып жатат. Рыскелди Момбеков деген депутат келгенде Абдыкеримов Умар дегенди баш кылып “Өзүңөр лицензияны алып алгандан кийин уялбайсыңарбы” деп уят кылды. Элдин атынан активист болуп жүргөн адамдар биринчи эл менен чогулуп, ким туура эмес иш кылып жатканын аңдап алса жакшы болот эле.

Жергиликтүү эл сөз кылган жер Чаткал айыл өкмөтүнө караштуу болгондуктан, айыл өкмөт башчысы менен жер жана турак жай адисинин да пикирин угуп, элдин айтканы канчалык чындык экенин тактаганга аракет кылдык.

Бакытбек Исабеков,             Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы:

— Бакыт мырза, сих жетектеп жаткан айыл өкмөттүн жашоочулары “Кальтон” жана “ Архар-Лачын” фирмалары алтын казган жерин рекультивация ишин жасабай, аң боюнча таштап кетип калышкан деп нааразы болуп жатышат. Жашоочулардын айткандары чындыкпы?

— Мен 2017-жылдын 3-февралынан баштап Чаткал айыл өкмөтүнүн башчысы кызматын аркалап келатам. Эл айтып жаткан “Кальтон” фирмасы мен бул жерге келгенге чейин эле болгон. Бул фирма Арал участкасында 2018-жылы аз эле убакыт кен казуу иштерин жүргүзгөн. Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу мыйзамдарына ылайык же болбосо мыйзамдын 39-берененин 7-пунктунда көрсөтүлгөн 9 тапшырык боюнча булардын баардык кагаздары так экени белгилүү. Ошол жерде 15 күндөй иштеп, техникалык рекультивация жасап кетишкен. Бирок, толук эмес. Мыйзамда көрсөтүлгөн атайын рекультивациялык план бар. Календарлык планда рекультивациялык иштер 2019-жылдын экинчи кварталынан башталат деп көрсөтүлгөн. Биз азыр рекультивация иштерин жүргүзүү боюнча кайра-кайра каттарды берип жатабыз. Ал эми “Архар-Лачын” ЖЧКсынын директору Мавлянов. Мунун да айтап өткөн мыйзам боюнча баардык документтери так. Лицензиялык төлөмдөр төлөнүп келатат. Бирок, “Архар-Лачын” ЖЧКсынын директору Мавляновго 3 жолу кат менен кайрылдык. 2019-жылдын экинчи кварталынан баштап рекультивациялык иштерди жасаш керек. Бул киши ушул күнгө чейин жасабай келатат. Муну тана албайбыз. Рекультивациялык иштер боюнча бир топ кемчиликтер орун алган. Буларды жоюу боюнча экотех инспекциясы менен иш алып баруудабыз. Рекультивацияны айыл өкмөт деген түшүнүк болуп жатат. Мындан алыс болуш керек. Рекультивация техникалык жана биологиялык болуп экиге бөлүнөт. Фирмалар жерди рекультивация кылып, айыл өкмөткө өткөзөт. Эки фирманын тең банктарда рекультивациялык иштерге деп эсептери ачылган. Андан кийин биологиялык рекультивация жасалат. Бүгүнкү күндө “Кальтон” фирмасы жерди тегиздөө иштерин жүргүзгөн. Бирок, өз максатына жеткен эмес. Мавляновго жөнөткөн каттардын жообу келе элек, Бишкекке иш сапар менен барганда, ал киши менен жеке сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз.

— Айыл тургандары алтын казып кеткен жерлерге малыбыз тыгылып калууда деп айтышты. Сизге ошондой арыздануулар түшкөнбү?

— Мага андай арыздануу боло элек. “Кальтон” иштеткен жерде мал тыгылып кала турган жер жок. Ал жерди өз көзүм менен көрүп келгем. “Архар-Лачын” казган жерде келечекте ошондой фактылар катталышы мүмкүн.

— Токой кесилип жок болду деген дооматты коюп жатышпайбы?

— Токой кесилгени ырас. Бизде токой жоготуу деген бар. Бул боюнча “Кальтон” 1 млн 129 миң сом акча каралган. Токой чарба менен келишимдин негизинде токой жоготуу болгон. Жакынкы мезгилде жергиликтүү кеңештин жыйынында токой жоготуу боюнча маселе каралып, кайра калыбына келтирүү үчүн смета бекитилип, ордуна коюлат.

— “Кальтон” ЖЧКсынын ээси Ким Бьенг Ук деген кытай, “Архар-Лачын” ЖЧКсынын ээси Муса Мавлянов экен. Эл эмне үчүн Акматбек Таласбай уулу, Абдыкеримов Умар дегендерге нааразы болуп жатышат?

— Акматбек Таласбай уулу “Кальтондо” аткаруучу директор болуп иш алып барган. Ошондуктан бул кишиге нааразы болуп жатса керек. Абдыкеримов Умар деп айтып жатканы, бул киши ошол эле фирмада учредитель болгон.

— Ушул эки фирма айыл өкмөтүнө социалдык пакет катары кандай жардам көрсөттү?

— “Кальтон” боюнча айтсак, токой жоготуу боюнча 1 млн 129 миң сом айыл өкмөтүн эсебине түшкөн. Бул фирма менен келишим клуб салуу боюнча 8 млн сом деп сүйлөшүлгөн. 1 млн сом акча которулган. Клуб салуу үчүн мурун жер каралбагандыктан, 50 сотых жерди жеке менчиктен 250 миң сомго сатып алдык. Сметалык долбоору үчүн тендер жарыялаганбыз, ага 375 миң сом бөлүнгөн. Курулуш айылына салына турган мектепге 1 гектар жер калтырылган, мындай жерге бүгүнкү талапка жооп бере турган заманбап мектеп батпайт. Стандарт боюнча мектеп курула турган жер 1 гектар 80 сотыхдан кем болбош керек. Ошон үчүн ошол жерге жакын жери бар 4 адам менен жерлерин сатып алууну сүйлөшүү жүргүзүүдөбүз. Ага 280 миң сом каралган. “Архар-Лачынды” иштетүү боюнча элдик жыйын өткөн, жергиликтүү кеңештин жыйынында каралган. Депутаттар менен айыл өкмөттүн аппараты ушул кабинетте олтуруп 3 млн сомго соцпакет кабыл алганбыз.

— “Кальтон” 8 млн сомго макулдашып, анын 1 млн сомун гана которуп жатабы?

— Элдик жыйында 8 млн сомго макулдашканбыз. Ал протоколдор бизде сакталуу. Биз келишимдерди түзүп жөнөткөнбүз. Келишимдер өз максатына жеткен жок. Алар ишти токтотуп, биз жөнөткөн келишимге кол коюлуп кайра келген жок.

— Аралдын жашоочулары жолубузду оңдоп беребиз деп, оңдобой кетишти деп арызданышкан экен. Ушундай макулдашуу болгонбу?

— Курулуш айылында өткөн элдик жыйында Аралдын жол маселеси каралган. Бул фирма ишин токтотуп, келишимге жетпей калып, жол оңдолбой калды.

— Фирмалар менен соттук же сотко чейинки териштирүүлөр боло элек турбайбы?

— Андай териштирүүлөр боло элек. Мындан кийин болушу мүмкүн. Рекультивациялык иш ушул жылдын экинчи кварталынан баштап жүргүзүлөт деп календарлык планга коюлуп калганын айтпадымбы. Булар мыйзам чегинде рекультивациялык иштерди жүргүзүшпөсө, соттук териштирүүлөргө барабыз.

Бектурсун Өмүрбеков,        Чаткал айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай адиси:

— Чаткал айыл өкмөтүнүн Курулуш айылына караштуу Жарты-Суу участогунда “Кальтон” ЖЧКсы 2015-жылы лицензиянын негизинде 507 гектар жер алган. Иштөө мөөнөтү 2020-жылдын 31-августуна чейин каралган. Бул фирма 2018-жылы иштешкен. Биринчи, экинчи карьерди казышты. Калган эки карьер казылбай турат. Алтынды казып алган жерде техникалык рекультивация жүргүзүштү. Экинчи этапга келишсе биологиялык рекультивация кылдырабыз. Жок болгон токойдун ордуна кайрадан долбоордун негизинде жаш көчөттөр олтургузулат. ЖЧКнын ээси кытайлык Ким Бьенг Ук деген кытай. Аткаруучу директору Акматбек Таласбай уулу, Абдыкеримов Умар. Лицензиялык келишим боюнча иштеткен жерди толугу менен тегиздеп, акт чегинде айыл өкмөткө өткөрүп бериши керек. Чындыгында бул жерде мурун токой бар болчу. Алтынды алыш үчүн токойду кескен. Ал үчүн тийиштүү органдардан уруксат берилген.

Бул жолу ушул жерден сөзүбүздү токтотобуз. Чаткалдагы мыйзам бузуулар боюнча айтчу сөз алдыда. Кимдер алтын кенине лицензия алып, элдин макулдугу жок эле жерди казып киргенин, ким 10 миң доллар берсең асылганды токтотом дегенге чейин баргандарды узун кеп кылабыз.

Мухтар Жаркулов

Булак: «Жаңы Ордо»

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *